Pei journal kgz

Page 1

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ БОЮНЧА ПРОГРАММАСЫ

ПРООН-ЮНЕПтин «ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ» ДЕМИЛГЕСИ (2011-2018 жж.)

КЫЗМАТТАШТЫКТЫН НАТЫЙЖАЛАРЫ ТУУРАЛУУ ӨНӨКТӨШТӨР АЙТЫШАТ

1


«Жалпы дүйнөлүк тажрыйбада туруктуу өнүктүрүү деп баарынан мурда, өнүктүрүүнүн бири-бири менен өз ара байланышкан: (i) экономика, (ii) социалдык өнүктүрүү жана (iii) экология боюнча үч компонентти комплекстүү жана теңдештирилген мамлекеттик башкарууну түшүнүшөт. Мындай өнүктүрүүнүн борбору жана түпкү максаты адам же социалдык өнүктүрүү гана болуп калат. Андыктан, бүгүн дагы жана узак мөөнөттүү келечекте адам капиталын өнүктүрүү Кыргызстандын абсолюттук улуттук артыкчылыгы болуп калат. Бул өлкөнүн бардык жарандары өз билимин жана шыгын колдонуп, сапаттуу билим алуу, өз ден соолугун кароо, турак үй сатып алуу, татыктуу кирешени иштеп табуу жана алгылыктуу курчап турган чөйрөдө ден соолугу үчүн жашоо мүмкүндүгүнө ээ болуусун болжолдойт. Биринчи жолу, өнүктүрүүдө абсолюттук улуттук артыкчылык катары адамды, адам капиталын өнүктүрүү артыкчылыгы көрсөтүлүүдө, мында Кыргызстандын ар бир жараны өнүгүү үчүн тең укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болот». 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 218 токтому менен жактырылган) «Жакырлардын жашоосу жана бакубатчылыгы айлана-чөйрөдөн көз каранды. Жакырчылык менен күрөшүү үчүн, коопсуздукту жана экосистемаларды сактоо үчүн, биз жакырлардын кызыкчылыктарына багытталган экономикалык өсүштү жана экологиялык туруктуулукту биздин экономикалык саясаттын, пландаштыруу системаларынын жана институттардын борборунда коюушубуз керек». www.unpei.org

2


КЫСКАРТУУЛАР GIZ JICA АА АѲ БААУ ЖжЖД ИДП ЭКЖБ ЖОЖ КЧКТЧМА МЖП ГЭС ГЭФ ЖӨ ЖӨК МКТ МС КУАУ КР КРСУ МАЖТ МжБ ЖӨАБ ЭМ УИА НМУ ЧУА

Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги Айыл аймак Айыл өкмөт Борбор Азиядагы Америка университети ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгеси Ички дүң продукт Энергиянын кайра жаралуучу булактары Жогорку окуу жайы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги Мамлекеттик жаратылыш паркы Гидроэлектроста́нция Глобалдык экологиялык фонд Жашыл өсүш Жашыл өсүштүн көрсөткүчтөрү Маалымат-коммуникациялык технологиялар Маалымат системасы Кыргыз Улуттук агрардык университети Кыргыз Республикасы Кыргыз-Россия Славян университети Мекеме-аралык жумушчу топ Мониторинг жана баалоо Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Экономика министрлиги Улуттук илимдер академиясы Нарын мамлекеттик университети Ченемдик-укуктук актылар 3


БӨУ БК УСК ТӨУС/НСУР БУУ ӨКЖА БАБП ЭКӨУ ЭКБ КРӨ ТӨӨП БУУӨП/ПРООН ЭККТ ЖТ БАРЭБ ММК КМШ ТӨСП АКШ ЭЭЭС ТӨ ФЭС БА ТӨМ ЧТФ ЭЖК ЭЭЭ БУУАЧП/ЮНЕП

4

Бей-өкмөт уюм Байкоочу кеңеш Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиясы Бириккен Улуттар Уюму Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Бир айыл – бир продукт Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму Экосистемалык кызматтарды баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүгүүгө өткөрүү программасы Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр Жумушчу топ Борбор Азиядагы регионалдык экологиялык борбору Массалык маалымат каражаттары Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги Туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо Америка Кошмо Штаттары Экологиялык-экономикалык эсепке алуу системасы Туруктуу өнүгүү Фотоэлектрдик станциясы Борбор Азия Туруктуу өнүгүү максаттары Чех траст фонду Электрондук жайыт комитет Экологиялык-экономикалык эсептер Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасы


ГЛОБАЛДЫК ДЕҢГЭЭЛ «Жакырчылык жана жарытылыш» Демилгеси (ЖжЖД) – бул Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү Программасы (ПРООН) менен Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча Программасы (ЮНЕП) биргеликте демилгелеген глобалдык программа, ал 2005-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. ПРООН менен ЮНЕП каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүү аркылуу, өкмөттүк чечим кабыл ала турган жактарга жана башка бир катар кызыкдар тараптарга адамдардын бейпилчилигин жакшыртууга жана туруктуу өсүшүнө алып келе тургандай бир тартипте айлана-чөйрөнү башкарууну камсыз кылуу үчүн жардам берүүдө. Демилге негизги мамлекеттик шериктештери менен алардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн иш алып барат, жакырчылык жана жаратылыш маселелерин бюджеттик процесстерде, тармактык программаларда жана аймактык пландоодо саясатты калыптандырууга жана жүзөгө ашырууну күчөтүүгө таасирин тийгизет. Жалпы максаты - жакырлардын кызыкчылыгы үчүн айлана-чөйрөнү коргоого жана жаратылыш ресурстарын башкарууга салымдарын жогорулатуу үчүн негизги кызыкдар тараптарга стимул берүү жана узак мөөнөттүү институттук өзгөртүүлөрдү камсыз кылуу болуп саналат.

ФАКТЫЛАР • «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгеси расмий түрдө 2005-жылы ишке киргизилген жана 2007-жылы ЮНЕПтин башкаруучулар Кеңешинин жыйналышында өз масштабын кыйла кеңейтти. • Демилге Африкада, Азия-Тынч Океан регионунда, Европа жана КМШ өлкөлөрүндө, Латын Америкасында жана Кариб бассейнинин регионунда (25 өлкөдө) жүзөгө ашырылат.

• КМШ өлкөлөрүндө Демилге Арменияда, Кыргызстанда жана Тажикстанда жүзөгө ашырылып жатат. • Демилге Даниянын, Германиянын, Норвегиянын, Испаниянын, Швециянын, Улуу Британиянын Өкмөттөрү жана Европа комиссиясы тарабынан каржыланат.

5


6


Жаратылыш жана жакырчылык маселелерин стратегиялык пландарга ИНТЕГРАЦИЯЛОО «Жаратылыш жана жакырчылык» (ЖжЖ) Демилгеси ѳз ишин кандайча жүзѳгѳ ашырат...

үчүн

ФАКТЫЛАР ЖАНА САНДАР • КРнын калкы: 6 млн 256 миң киши, алардын ичинде • Шаар калкы - 33,9%, • Айыл калкы - 66,1%, • Жумушсуздук: 7,2%, • Жакырчылык: 25,4%, • Өтө жакырлар: 0,8%, • 2016-жылы жакырчылык чегинен төмөн деңгээлде 1 млн 557 миң киши жашаган, анын ичинде 74% - айылдыктар.

• ИДП: 520,9 млрд сом. • 10,6 млн га айыл чарба жеринин 80%ы кунарсызданган жана чөлгө айланган. • 2100-жылга карата суу ресурстарынын жана мөңгүлөрдүн кыскарышы (64%дан 95%га чейин) күтүлүүдө. Булак: Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнүн абалы тууралуу Улуттук доклады, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 7 2016-17-жылдар үчүн маалыматтары.


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ПРООН-ЮНЕПТИН «ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА Ж АРАТЫЛЫШ» ДЕМИЛГЕСИ

Ишке ашыруу мөөнөтү - 2011-2017-жж. ФАЗА I

ФАЗА II

Долбоордун I-фазасы (2011-2014-жж.) Кыргыз Республикасынын биринчи Вице-премьер-министри жана БУУнун Туруктуу координатору долбоордук документке кол коюшкандан кийин, 2011-жылдын март айында расмий түрдө башталган. II-фазасы 2014-жылдын июлунан иштеп баштаган жана 2018-жылдын май айынын аягында аяктайт. «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгесинин максаты - жакыр калктын кызыкчылыктарына багытталган экономикалык өсүштө жана адамдардын бакубаттыгында айлана-чөйрөнүн ролун күчөтүү. Долбоор өлкөгө экологиялык приоритеттерди жана жакырчылыкты кыскартуу маселелерин өнүгүүнүн улуттук, тармактык жана жергиликтүү стратегияларына жана пландарына интеграциялоого финансылык жана техникалык жардам көрсөтүп келет.

Демилге жакырчылык жана жаратылыш маселелеринин өз ара байланышын эске алууга, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун эсебинен адамдардын бакубаттыгын жогорулатууга багытталган зор салым кошту, ал жалпысынан социалдык-экономикалык кырдаалдын жакшырышына жана Кыргызстанда Миң жылдык өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө таасир тийгизет. Гендердик маселелер долбоордун бардык иш-чараларын аткарууда эске алынат.

8


ДОЛБООРДУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ Демилге I жана II фазаларынын алкагында төмөнкү натыйжаларга жетишүүнүн үстүндө иш алып барды:

02

01

УЛУТТУК ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕРДЕ БЮДЖЕТТИ ПЛАНДАШТЫРУУДА ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ МАСЕЛЕЛЕРИНИН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫН ЭСКЕ АЛУУ.

УЛУТТУК ПЛАНДАШТЫРУУДА ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ МАСЕЛЕЛЕРИНИН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫН ЭСКЕ АЛУУ.

03 ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ ЖААТЫНДА МААЛЫМДАРЛЫКТЫ, ПОТЕНЦИАЛДЫ ЖАНА БИЛИМДИ ЖОГОРУЛАТУУ.

ИШ БАГЫТТАРЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ПЛАНДАШТЫРУУ ПРАКТИКАСЫНДА ЖАНА САЯСАТЫНДА ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ЫКМАЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА АЛДЫГА ЖЫЛДЫРУУ (ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУНУН БАРДЫК ДЕҢГЭЭЛДЕРИНДЕ)

ЭКОЛОГИЯНЫН ЭКОНОМИКАСЫ (ЭКОЛОГИЯЛЫКЭКОНОМИКАЛЫК ЭСЕПКЕ АЛУУ СИСТЕМАСЫ, СТАТИСТИКА СИСТЕМАСЫНДА “ЖАШЫЛ” КӨРСӨТКҮЧТӨР, ЖАРАТЫЛЫШ КАПИТАЛЫН БААЛОО)

УЛУТТУК ЖАНА БОРБОР АЗИЯЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕРДЕ ЭКОЛОГИЯЛЫК ТУРУКТУУЛУКТУ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ДЕМИЛГЕЛЕРДИ ИШКЕ АШЫРУУ

9


10


ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ МАСЕЛЕЛЕРИН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУГА ИНТЕГРАЦИЯЛОО «Иш-аракети жок план – бул кыял. Планы жок иш-аракет – бул бир азап». Япон макалы

«ПРООН улуттук жана регионалдык деңгээлдерде бир катар стратегияларды жана пландарды иштеп чыгууга баалуу салым кошту. Алар эки маанилүү стратегиялык документтер – 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы жана 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү программасы. Ошондой эле өнүктүрүүнү пландаштырууга болгон бирдиктүү мамилени илгерилетүүгө жана пландоо процесстерине коомдук, экономикалык жана экологиялык маселелерди интеграциялоого колдоо көрсөттү («Жакырчылык жана жаратылыш» демилгеси сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу). ПРООНдун стратегиялык деңгээлде жасаган салымы мамлекеттик органдарга улуттук кызыкдар тараптар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр үчүн приоритеттүү иш-чараларды аныктоого жардам берди». ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы иш жыйынтыктарын баалоо тууралуу отчеттон алынды, 2016-ж.

11


Тен Любовь Ивановна, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин кеңешчиси: «Кыргызстанда жакырчылык жана жаратылыш маселелерин улуттук пландаштыруу процессине интеграциялоо болуп өттү. Жакырчылык менен айлана-чөйрөнүн улуттук экономика менен тыгыз байланышы эми бар. Пландаштыруу саясатынын өзү бул азыр туруктуу өнүгүүгө өткөрүү боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн Программасы (ППУР), ал болсо пландоонун жаңы үлгүсү боюнча иштейт, б.а. социалдык, экологиялык жана экономикалык маселелер бирге аракеттенишет. Биз эми «интеграциядан» «ишке ашырууга» өттүк. Биз, жагабы же жокпу, бул маселелердин бардыгын байланыштырышыбыз керек. Биз ресурстарды туруксуз пайдаланууга негизделген экономикадан четтедик. Бүгүнкү күндө биз алюминий заводун ачуу боюнча саясий чечим кабыл алмак эмеспиз, себеби ал айланачөйрөгө кандай зыян алып келерин биз билебиз. Биз өзүбүздүн ар бир кадамыбыз­­ды колдо болгон каражаттар боюнча жана ал кадамдын айланачөйрө үчүн боло турган кесепеттери боюнча талдайбыз. Ошондой эле, биз ар бир чечим жумуш орундарын түзүүгө кандай таасир тийгизери жөнүндө, башкача айтканда, социалдык кесепеттер тууралуу да ойлонобуз. Биз иш жүзүндө өтө интеграцияланган режимде өнүгүп жатабыз. Бүгүнкү күндө, Президент биздин өлкөгө жана улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясына туура келген туруктуу өнүгүү модели кабыл алынганын айтканда, биз ишенимдүү түрдө социалдык жана экологиялык факторлор бул моделдин бир бөлүгү деп айта алабыз. Биз бул моделге интеграцияландык».

12


Курманова Айдай Эркиновна, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы: «Бардык денгээлдерден баштап стратегиялык пландоо жаатындагы жаңы иш системасынын башталышы, анын ичинде регионалдык деӊгээлде да, ар бирибиз үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Эми бизде вертикалдуу да, жана горизонталдуу түрдө дагы стратегиялык пландоо процессин бир түргө келтирүү үчүн методологиялык негиз бар. Бул нерсе туруктуу өнүгүүгө багытталган реалдуу пландарды ишке ашыруу үчүн жакшы негиз болуп эсептелет».

Кадыров Айбек, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Cтратегиялык пландоо жана региондук өнүктүрүү саясаты департаментинин жетекчиси: «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгеси кийинки беш жылга өлкөнүн өнүгүүсүн аныктай турган маанилүү стратегиялык документтерди иштеп чыгууга эксперттик колдоо көрсөттү. Булар туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук стратегия жана туруктуу өнүгүүгө өткөрүү боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн Программасы. Буга чейин экономикалык өсүшкө кандай гана каражаттар аркылуу болбосун жетишилген. Азыр, Кыргызстан туруктуу өнүгүүнүн моделин кабыл алгандан кийин, адамдык потенциалга жана айлана-чөйрөгө аяр мамилесиз экономикалык өсүшкө жетүү мүмкүн эмес деген түшүнүк өзгөрдү». Аманова Айсулуу Ажакматовна, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Туруктуу өнүктүрүү саясат бөлүмүнүн башчысы: «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгеси өлкөдөгү туруктуу өнүгүү тууралуу түшүнүктү түзүүдө жана жакшыртууда, ошону менен катар улуттук жана аймактык стратегиялык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча потенциалды жогорулатууда негизги ролду ойноду. Долбоор 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүгө өткөрүү боюнча планы 13


менен программасын иштеп чыгуу үчүн методологиялык базаны камсыз кылган документтердин топтомун иштеп чыгууда Өкмөткө колдоо көрсөттү. Туруктуу өнүгүүнүн үч өз ара байланышкан маселелери - экономикалык өнүгүү, айлана-чөйрө жана социалдык өнүгүү - 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү боюнча (НСУР) улуттук стратегиясына жана 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүүгө өтүү үчүн Өкмөттүн программасына (ППУР) киргизилди».

Мамадеминов Сардарбек Мамажунусович, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын айыл чарба, өнөр жай, курулуш жана инвестицияларды тартуу секторунун башчысы: «Мурун бирдиктүү методологиянын жоктугунан улам, ар ким өз жөндөмдүүлүктөрүнө жана билимине жараша өз стратегияларын жана программаларын иштеп чыгышчу. Ошондуктан, эми биз жалпы методологиянын негизинде иштей турганыбыз абдан маанилүү жана өз учурунда болду деп ойлойм. Ушул себептен ПРООН менен ЮНЕПке жана Экономика министрлигине ушундай мүмкүнчүлүк үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Буга чейин стратегияларыбыз менен программаларды иштеп чыгууда экологиялык маселелерге маани бербестен, негизги маанини социалдык жана экономикалык проблемаларга басым жасоочубуз. Ошол биздин негизги кимчилигибиз болчу деп ойлойм. Эми, бул окуудан кийин мен экологиялык маселелер биздин программаларда так көрсөтүлүшү керек экендигин түшүндүм, анткени экономикалык, социалдык жана экологиялык маселелер тегиз каралганда гана, биз туруктуу өнүгүү жолунда кете алабыз».

14


«Регионалдык деңгээлде стратегиялык пландаштыруу» семинары, Ош ш., 2015-жылдын июлу

«Регионалдык деңгээлде стратегиялык пландаштыруу» семинарында топтордо иштөө учурунда, Ош ш., 2015-жылдын июлу 15


САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР • Долбоордун байкоочу кеңеши 12 мамлекеттик органдардын, 4 БӨУ, 5 эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турат. • Мекемелер аралык жумушчу топ 12 министрликтин 24 өкүлүнөн түзүлгөн. • Долбоорду аткаруу мезгил ичинде Бай­ коочу кеңештин 10 отуруму жана Мекемелер аралык жумушчу топтун 20дан ашуун жумуш жыйындары болуп өттү. • Туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландаштыруу боюнча окутуулар үчүн 20 мамлекеттик органдардан 133 адамдан турган адистердин базасы түзүлдү.

• Негизги министрликтер менен мекемелерден, ЖОЖдордон, массалык маалымат каражаттарынан катышкан 804 адистин потенциалы жогоруланды, анын ичинде 339у эркек, 465и аял. • Стратегиялык пландаштыруу башкармалыгын техникалык жактан жабдууга көмөк көрсөтүлдү – жалпы суммасы 1 млн 190 миң сом өлчөмүндө зарыл кеңсе жабдуулары сатылып, өткөрүлүп берилди.

Экономика министрлигинин Стратегиялык пландаштыруу башкармалыгы үчүн жабдууларды өткөрүп берүү аземи учурунда, 2014-жылдын декабры 16


ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ МАСЕЛЕЛЕРИН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУГА ИНТЕГРАЦИЯЛОО БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:

МЕКЕМЕЛЕР АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК – ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ АЛДЫНДА ТҮЗҮЛГӨН БАЙКООЧУ КЕҢЕШ ЖАНА МЕКЕМЕЛЕР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОП ЖЖЖ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДОО МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ИШ-АРАКЕТТЕРДИ КООРДИНАЦИЯЛАЙТ

НАРЫН, БАТКЕН, ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТАРЫНЫН ЖАНА СУУСАМЫР ААНЫН 2017-ЖЫЛГА ЧЕЙИН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ

2014-2017-ЖЫЛДАРГА ТӨУС МЕНЕН ТӨӨПТҮ ИШТЕП ЧЫГУУ ҮЧҮН МЕТОДОЛОГИЯЛЫК БАЗА МАМЛЕКЕТТИК СТРАТЕГИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕРДИН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУНА МОНИТОРИНГ ЖАНА БААЛОО ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА МЕТОДОЛОГИЯ ЖАНА КОЛДОНМО

ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ БОЮНЧА ЖАЛПЫ КООМЧУЛУК АРАСЫНДА МААЛЫМДУУЛУК ЖОГОРУЛАДЫ

СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАЛАРГА МОНИТОРИНГ ЖАНА БАА БЕРҮҮ БОЮНЧА МИНИСТРЛИКТЕРДИН ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРДИН ПОТЕНЦИАЛЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ (20 МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДАН 804 КЫЗМАТКЕР, ТӨСП ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК АЛАРДЫН ИЧИНЕН 339 ЭРКЕК, СТРАТЕГИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕРГЕ БАА 465 АЯЛ) БЕРҮҮ ЖАНА ИНВЕНТАРИЗАЦИЯЛОО ЖҮРГҮЗҮҮ МЕТОДОЛОГИЯЛАРЫ ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИНИН № 45 БУЙРУГУ МЕНЕН 2015-ЖЫЛДЫН 27-ФЕВРАЛЫНДА БЕКИТИЛГЕН

ЖАКШЫРТЫЛГАН ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК БАЗА КР ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИНИН АЛДЫНДА ТҮЗҮЛГӨН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДОО БАШКАРМАЛЫГЫ

ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУНУ УЛУТТУК ЖАНА АЙМАКТЫК ДЕҢГЭЭЛДЕРДЕ ИНТЕГРАЦИЯЛОО

17


ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ БАЙЛАНЫШТАРЫН БЮДЖЕТТӨӨГӨ ИНТЕГРАЦИЯЛОО «Жер - бул казына, табият - бул анын ичиндеги алтын. Жер байлыгы - эл байлыгы». Кыргыз макалы

«Жакырчылык жана жаратылыш» демилгесинин Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен кызматташуусу 2013-жылы башталган. Ал кезде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен жалпы стратегиялык пландаштыруу жана туруктуу өнүктүрүү боюнча иштешип, Каржы министрлиги менен бирдиктүү стратегиялык пландаштыруу жана бюджетти түзүү боюнча иш алынып барылган. Мамлекеттик бюджетке жакырчылык жана жаратылыш маселелерин интеграциялоо боюнча колдоо көрсөтүлгөн, себеби азыркы тапта Кыргыз Республикасынын көптөгөн өнүктүрүү стратегиялары жана программалары каржы булактары менен камсыз болбогондуктан, ишке ашырылбаган бойдон калууда.

Асангулов Канат Кубатович, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары: «Жакырчылык жана жаратылыш ортосундагы өз ара байланыштарды бюджеттөө процессине интеграциялоо деген - бул мамлекеттик органдардын чыгымдарды пландаштырууда экологиялык туруктуулукту жана экономикалык өсүштү эске алуу менен иштеп чыгуусу, башкача айтканда, экономикалык өнүгүүнүн экологиялык компонентин эске алуу». 18


Иштин негизги натыйжалары Туруктуу өнүктүрүүнүн компоненттери менен жакырчылык жана жаратылыш маселелерин эске алуу менен программалык бюджеттөө боюнча нускоочу материалдар жакшыртылды.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен практикалык иш жүргүзүлдү.

Окутуу модулу иштелип чыкты, жакырчылык жана жаратылыш маселелерин бюджеттөө боюнча семинарлар өткөрүлдү.

Жакырчылык жана жаратылыш маселелерин бюджеттик процесстерге интеграциялоо Бюджеттик отчеттуулук мамлекеттик органдарын милдеттенмелерди жана приоритеттерди жүзѳгѳ ашыруу үчүн болгон жоопкерчилигин жогорулатууга ѳбѳлгѳ түзѳт

Саясат жана

пландаштыруу

Отчет

Эсепке алуу

Тармактык министирликтер жакырчылык жана жаратылыш маселелерине байланыштуу болгон иштердин негизги кѳрсѳткүчтѳрүн белгилешүүдѳ

Айлана-чөйрөнү коргоо жана жакырчылык боюнча чыгымдарды каржылоо Текшерүү

Бюджет

Ар кайсы министерликтер менен мекемелердин программалык бюджеттериндеги бюджеттик чараларга жакырчылык жана жаратылыш маселелери интеграцияланууда, ал жалпысынан жакырчылык жана жаратылыш маселелери үчүн бѳлүнгѳн каражаттарды чагылдырат

Казыначылык

Сатып алуулар

Жакырчылык жана жаратылышка болгон чыгымдар функционалдык классификация боюнча кѳзѳмѳлдѳнүп жатат

19


Абдразакова Айгуль Эшимбековна, КРнын Каржы министрлигинин Агроөнөр жай комплекси, жаратылыш пайдалануу жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы: «Азыркы учурда, туруктуу өнүгүү аспектилерин тармактык стратегиялык программаларга интеграциялоо маселеси өтө курч маселе болуп жатат, анткени алардын ишке ашырылуусу министрликтер менен мекемелердин бюджеттеринде чагылдырылуусу керек. Министрликтер менен мекемелердин стратегиялык программалары алардын программалык бюджеттеринде толугу менен чагылдырылган эмес, анын себеби, биринчи кезекте, мамлекеттик каражаттардын чектелгендигине байланыштуу. Мындан тышкары, туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу менен каржылоонун булактарынын ортосунда так байланыш жок. Мамлекеттик органдардын тармактык программаларын ар жылдык бюджети менен интеграциялоого мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз».

Аманова Жазгуль Абдыкадыровна, КРнын Каржы министрлигинин Мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландаштыруу башкармалыгынын башкы адиси: «Иштелип чыккан «Туруктуу өнүгүү компоненттерин жана жакырчылык жана жаратылыш маселелерин бюджеттик процесске интеграциялоо» деген окуу модулу туруктуу өнүгүү, жакырчылык жана жаратылыш, гендердик теңдик, гендердик бюджеттөө сыяктуу жалпы түшүнүктөрдү камтыйт. Мындан тышкары, окуу модулунда стратегиялык документтердин бюджетин эсептөөнүн негиздери келтирилген, жана дагы программалык бюджеттердин жана бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, карап чыгуу жана ишке ашыруу маселелери камтылган. Бул окуу модулунун долбоору мамлекеттик кызматкерлер үчүн уюштурулган семинарлардын учурунда сыналган, жана бул модулдун негизинде туруктуу өнүгүү жана жакырчылык менен жаратылыш маселелерин эске алуу менен программалык бюджеттерди түзүү бонча окутуу иш-чаралары өткөрүлдү». 20


Байзакова Нурида Асановна, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин бюджет саясаты башкармалыгынын программалык бюджет секторунун башчысы: «2017-жылы жаңы Бюджеттик кодекс күчүнө кирди. Анда программалар боюнча бюджеттөөнүн мыйзамдык нормалары көрсөтүлгөн, жана азыркы учурда программалык интеграциялоо процесси жүрүп жатат. Каржы министрлиги бюджеттик программалардын приоритеттерин баалоо критерийлерин эл аралык тажрыйбанын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен иштеп чыкты. Биз азыр туруктуу өнүгүүнүн негизги элементтери болуп саналган экологиялык салымды, экономикалык салымды жана социалдык салымды бул критерийлеге киргиздик. Киргизилген жаңылыктар программалык бюджетти түзүүдө жана улуттук/сектордук стратегиялык документтер менен болгон алардын байланышын камсыз кылуу сапатына оң таасирин тийгизет».

ФАКТЫЛАР ЖАНА САНДАР • Акыркы бир нече жылдан бери айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чыгымдар азайган жана ИДПнын 0,026% түзөт. • Ресурстардын чектелгендигине байланыштуу, мамлекеттик бюджет мамлекеттик органдардын өтүнүчүн 60%га канааттандырат. • Мамлекеттик органдардын кабыл алынган кээ бир тармактык программалары бюджет менен байланыштуу эмес. • 2100га чейин суу ресурстарынын олуттуу кыскарып кетүү коркунучу бар, мөңгүлөрдүн дээрлик толук жоголуп кетүүсүнө чейин (64%дан 95%га чейин).

• Кыргыз Республикасынын токойлору аймагынын 5%ын гана ээлейт, ал эми калктын 20%ын азыктандырат. • Өлкөдө кооптуу табигый кырсыктардын 20дан ашуун түрү бар. • 92 калдыктарды сактоочу жайларда 250 миллион куб метр кен иштетүүнүн уулуу жана радиоактивдүү калдыктары бар, анын ичинде уран калдыктары да бар. Булак: Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүнүн абалы тууралуу улуттук отчету, 2006-2011 жж., УСКнин, Каржы министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын маалыматтарынан. 21


ЖАРАТЫЛЫШ ЖАНА ЖАКЫРЧЫЛЫК МАСЕЛЕЛЕРИН БЮДЖЕТТОО ПРОЦЕССИНЕ ИНТЕГРАЦИЯЛОО БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:

МЕКЕМЕЛЕР АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК – КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ АЛДЫНДА ТҮЗҮЛГӨН МЕКЕМЕЛЕР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОП ЖЖЖ МАСЕЛЕЛЕРИН ПРОГРАММАЛЫК БЮДЖЕТТӨӨГӨ ИНТЕГРАЦИЯЛОО БОЮНЧА ИШ-АРАКЕТТЕРДИ КООРДИНАЦИЯЛАЙТ

«ТӨ КОМПОНЕНТТЕРИН ЖАНА ЖЖЖ АСПЕКТИЛЕРИН БЮДЖЕТ ПРОЦЕССИНЕ ИНТЕГРАЦИЯЛОО» АТТУУ ОКУТУУ МОДУЛУ

КЧКТЧМАНИН БЮДЖЕТТИН ЧЫГАШАЛАРЫ БОЮНЧА ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ, ЖЖЖ МАСЕЛЕЛЕРИН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ИШТЕЛДИ

22

БЮДЖЕТТӨӨ САЯСАТЫ МЕНЕН ПРАКТИКАСЫН АНАЛИЗДӨӨ ЖАНА БААЛОО ЖҮРГҮЗҮҮ

КРНЫН БЮДЖЕТТИК КОДЕКСИНЕ ЫЛАЙЫК ПРОГРАММАЛЫК БЮДЖЕТТӨӨ БОЮНЧА ОКУУ МАТЕРИАЛДАРЫ, ЖЖЖ ЖАНА ТӨ МАСЕЛЕЛЕРИН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ИШТЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮНҮН «ПРОГРАММАЛЫК НЕГИЗДЕ БЮДЖЕТТѲѲ ЖѲНҮНДѲ» ТОКТОМУ (30.12.2017, №354) ҮЧ НУСКАМАЛАРГА КИРГИЗИЛГЕН ѲЗГѲРТҮҮЛѲРДҮ БЕКИТТИ.

ПРОГРАММАЛЫК НЕГИЗДЕ БЮДЖЕТ ТҮЗҮҮ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЧЫЛАРДЫН ПОТЕНЦИАЛЫ ЖАКШЫРТЫЛДЫ (16 СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛҮП, 41 АДАМ КАТЫШТЫ, 13 ЭРКЕК, 28 АЯЛ)

ЖЖЖ ЖАНА ТӨ МАСЕЛЕЛЕРИН ЭСЕПКЕ АЛУУ ҮЧҮН ПРОГРАММАЛЫК БЮДЖЕТТѲѲ БОЮНЧА УСУЛДУК ДОКУМЕНТТЕРГЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗИЛДИ


Жакырчылык жана жаратылыш маселелерин бюджеттик процесстерге интеграциялоо боюнча Каржы министрлигинин Окуу борборунда өткөн семинар, 2016-жылдын сентябры 23


24


ЭКОЛОГИЯНЫН ЭКОНОМИКАСЫ «Эгер бир нерсени өлчөөгө мүмкүн эмес болсо, аны башкарууга да мүмкүн эмес. Өлчөнүүчү нерсе – жакшырат». Питер Друкер Адам жаратылыш системаларынан алган пайдаларды систематизациялоо жана аларга илимий баа берүү аракеттери XX-кылымдын экинчи жарымынан башталып азыркы күндө да жүрүп жатат. Бул пайдаларды «экосистемалык кызматтар» деп аташат, б.а. жаратылыш адамды камсыз кылган кызматтар. Бул илимий термин 2001-2005-жылдарда Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) колдоосу астында 1360-тан ашуун илимпоздор адамдын иш-­ аракеттеринин айлана-чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу өткөргөн масштабдуу изилдөөдөн кийин популярдуу болуп калды (Millenium Ecosystem Assessment). Дүйнөдөгү эң биринчи ири масштабдуу экосистемалык кызматтарга баа берүү 1997-жылы америкалык илимпоздор тарабынан ишке ашырылган эле. Алардын эсептөөлөрү боюнча, жаратылыш адамзатка экосистемалык кызматтарды жылына орто эсеп менен 33 триллион доллар эсебинде камсыз кылат, ал дүйнөлүк ИДПтан дээрлик эки эсе жогору (1997-жылдын баасы менен 18 триллион доллар). Экосистемалык кызмат концепциясын иш жүзүндө колдонуу бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүнүн жана башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугун бир кыйла жогорулата алат, ошондой эле жашоо-турмуштун сапатын жакшырта алат.

Кыргыз Республикасында экосистемалык кызматтарды баалоо Кыргыз Республикасы Борбордук Азия региону боюнча бул тармактагы биринчи «пионерлердин» бири болуп саналат. ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгеси жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги экосистемалык кызматтарды баалоону ишке ашыруу боюнча иштеп жатат. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартында №131 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдарга Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо приоритеттерин ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында аткарылып жатат. 25


КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН СИСТЕМАСЫНДА ЭКОСИСТЕМАЛАРДЫН АТКАРГАН КЫЗМАТТАРЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН БААЛОО СИСТЕМАСЫН КИРГИЗҮҮ «Жаратылыш – бул өзгөчө бир тилде жазылган эң жакшы китептердин бири. Бул тилди үйрөнүү керек». Николай Гарин-Михайловский

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы (КЧКТЧМА) боюнча мамлекеттик агенттик ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» демилгесинин негизги улуттук өнөктөштөрүнүн бири. 2014-жылдан бери Демилге Мамлекеттик Агенттик менен жана башка негизги өнөктөштөр менен биргелешип этап-этабы менен экосистемалардын аткарган кызматтарын экономикалык жактан баалоо системасын киргизүү боюнча ишти жүзөгө ашырып келүүдө. Ал иш экосистемалык кызматтарды баалоо маселелерин улуттук мыйзамга интеграциялоо, негизги өнөктөштөрдүн экосистемалык кызмат баалоодогу потенциалын жогорулатуу, ошондой эле тандалып алынган билим берүү мекемелеринин окуу программаларына киргизүү үчүн окуу-методикалык комплексин иштеп чыгуу менен байланышкан.

ЭКОСИСТЕМАЛАРДЫН АТКАРГАН КЫЗМАТТАРЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН БААЛОО СИСТЕМАСЫН КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН БОЛГОН САЯСИЙ РАМКАЛАР

2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу ѳнүгүүсүнүн улуттук стратегиясы 26

2013-2017- жылдарга туруктуу ѳнүгүүгѳ ѳткѳрүү боюнча Кыргыз Ѳкмѳтүнүн Программасы

2024-жылга чейин Кыргыз Республикасынын биологиялык ар-түрдүүлүгүн сактоо приоритеттери


Толонгутов Байгабыл Молдошевич, КЧКТЧМАнын алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча Мамлекеттик жөнгө салуу борборунун директору: «Каракол» жаратылыш паркынан келген пайдалар зор аянтты кам­ тыйт, жана бир калыпта эмес бөлүштүрүлгөн. Пайданын бөлүштүрүлүшү айлана-чөйрөнү коргоо муктаждыктарына ресурстарды тартуу үчүн маани­лүү болуп саналат, себеби экосистеманын баалуулук катары мааниси бар экенин билүү али анын коопсуздугун камсыз кыла албайт. Баалоо канткенде жаратылышты коргоо иштерин каржылоону туруктуу кылууга болот экенин элестетүүгө мүмкүнчүлүк берет». Ражапбаев Муслим Кудусович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын П.A. Ган атындагы Токой институтунун илимий катчысы: «Экосистемалык кызматтар үчүн төлөмдөрдү киргизүү азыркы учурда ар кандай ири жана чакан (жергиликтүү калк) колдонуучулардын кызык­ чылыктарына таасирин тийгизээрин жана чыр-чатактуу кырдаалдарга алып келиши мүмкүн экендигин эске алганда, экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр системасын киргизүүнүн зарылдыгы жана актуалдуулугу тууралуу бийлик органдарына жана калкка жеткирүү боюнча кеңирирээк маалымат иш-чараларын өткөрүү зарыл».

Сураппаева Венера Мамыровна, КЧКТЧМАнын Токой-мергенчиликти уюштуруу департаментинин токойго мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы: «Экосистемалык кызматтарды экономикалык баалоонун жыйынтыгында, «Каракол» лыжа базасынын жана «Каприз» мейманканасынын таза пайдасы жылына $792116 же 53863919,2 сомду түзгөнүн эске алсак, мамлекет таза пайдадан жылына $205950 же $ 14004600 сом өзүнүн үлүшүн албай жатат». 27


Матраимов Кубан Ооганович, Борбор Азия регионалдык экологиялык Борборунун долбоорлорунун координатору: «Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн принциптери менен түшүнүктөрүн киргизүү маселеси – бул Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн бир жаңы багыт. Кыргызстанда 2009-жылдан баштап ар кандай долбоор­ лор аткарылып келе жатат, негизинен биздин Борбордун бул багыттагы долбоорлору. Бул долбоорлор экосистемалык кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык баа берүү жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр боюнча пилоттук иш-чараларды ишке ашырууга багытталган болчу. Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү мындан кийинки ишке ашыруу мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүнү талап кылат, жана бул келечектеги иштердин негизги багыты болуп саналат. Тажрыйба көрсөткөндөй, системалуу түрдө окутуу модулдарын иштеп чыгуу жана инструкторлорду даярдоо аркылуу бул тармактагы адистердин потенциалын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүү зарыл».

ФАКТЫЛАР ЖАНА САНДАР • Кыргыз Республикасынын токойлору өлкөнүн жалпы аянтынын 5,6%ын түзөт. • Токойлордун 90%га жакыны деңиз деӊгээлинен 700дөн 3500 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. • Кыргыз Республикасынын экономикасында токой чарбасы негизги тармактардан эмес. Мергенчилик жана токой чарбасы ИДПдын 0,05%ын гана түзөт. • Токойлордун экономикалык потенциалын экосистемалык кызматтар аркылуу аныктоого мүмкүн. • Өнүккөн өлкөлөр экосистемалык кызматтар үчүн негизди жана жалпы стандарттарын иштеп чыгуу жаатында жигердүү иштеп жатат. 28

• «Экосистемалык кызматтар» термини биринчи жолу 1981-жылы колдонулган, жана «экосистеманын милдеттери» деген түшүнүктөн келип чыккан. Ал экосистемада болуп жаткан, адамдарга болгон пайдага карабастан, процесстердин жыйындысын билдирет. • «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркынын экономикалык баалуулугу (наркы) 255100515705.15 сомду түзөт (3751478172,13 USD) Булак: КЧКТЧМА, БААУ маалыматтары


КЧКТЧМА СИСТЕМАСЫНДА ЭКОСИСТЕМАЛАРДЫН АТКАРГАН КЫЗМАТТАРЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН БААЛОО СИСТЕМАСЫН КИРГИЗYY БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:

ЭКОСИСТЕМАЛАРДЫН АТКАРГАН КЫЗМАТТАРЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН БААЛОО (ЭКБ) СИСТЕМАСЫ КЧКТЧМА СИСТЕМАСЫНА КИРГИЗИЛДИ

ЭКБ БОЮНЧА БАРДЫК ӨНӨКТӨШТӨРДҮН ПОТЕНЦИАЛЫ ЖАКШЫРТЫЛДЫ

01

02

03

05

«КАРАКОЛ» МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНДАГЫ ТАЖРЫЙБАНЫН НЕГИЗИНДЕ ИШТЕЛИП ЧЫККАН ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСИ

МЕКЕМЕЛЕР АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК – КЧКТЧМА АЛДЫНДА ТҮЗҮЛГӨН МЕКЕМЕЛЕР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОП ЭКБ ЖАНА ЭЭЭС-ЭЭЭ БОЮНЧА ИШ-АРАКЕТТЕРДИ КООРДИНАЦИЯЛАЙТ

04

«КАРАКОЛ» МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫН ЭКОСИСТЕМАЛЫК КЫЗМАТТАРЫНА ПИЛОТТУК ТҮРДӨ БААЛОО ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ЭКОСИСТЕМАЛЫК КЫЗМАТТАРДЫ ЖАНА БИОЛОГИЯЛЫК АР ТҮРДҮҮЛҮКТҮ БААЛОО МЕТОДИКАСЫ

06 07

ЭКБ БОЮНЧА КЕҢИРИ КООМЧУЛУКТУН МААЛЫМДУУЛУГУ ЖОГОРУЛАНДЫ

09 08

МЫЙЗАМДАРДЫ ТАЛДОО АРКЫЛУУ ЧЕНЕМДИК-УКУКТУК АКТЫЛАРГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА СУНУШТАР ДАЯРДАЛДЫ

ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖОЖДОРДУН ОКУУ ПРОГРАММАЛАРЫНА КИРГИЗҮҮ (КРСУ, КУАУ, БААУ Ж.Б.)

29


ЭКОЛОГИЯЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЭСЕПКЕ АЛУУ СИСТЕМАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК ЭКОСИСТЕМАЛЫК ЭСЕПТЕР (ЭЭЭС-ЭЭЭ) «Биз өлчөгөн нерсе, биз кылган нерсеге таасир этет; жана эгер биздин өлчөөлөр туура эмес болсо, чечимдер бурмаланышы мүмкүн». Джозеф Стиглиц, Амартья Сен и Жан-Поль Фитусси ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгесинин жардамы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети туруктуу өнүгүү аспектилерине өзгөчө маани берүү менен экологиялык-экономикалык эсепке алуу системасын жана эксперименталдык экосистемалык эсептерди (ЭЭЭС-ЭЭЭ) киргизүү аркылуу мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту жакшыртуу боюнча иш алып барууда. ЭЭЭС-ЭЭЭ өлкөдөгү экосистемаларды туруктуу пайдаланууга жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Экологиялык эсептердин түрлөрү 30

Кызыл-Үңкүр токойчулугунун экосистемаларынын картасы


Девид Вачкар, Чех Траст Фондунун жетектөөчү адиси, эксперименталдык экосистемалык эсепке алуу системасы боюнча эл аралык консультант: «Экологиялык-экономикалык эсепке алуу системасын киргизүү туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн зор мааниге ээ. ЭЭЭС туруктуу өнүгүү максаттарынын көптөгөн көрсөткүчтөрүнүн экологиялык жана экономикалык аспектилеринин негизинде жаткан өлчөө үчүн негизди камсыз кылат». Орозбаева Каныкей Жантаевна, Улуттук статистика комитетинин Туруктуу өнүгүү жана экология статистикасы боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы: «Бирдиктүү методология азырынча толугу менен иштелип чыга элек, жана ушул сыяктуу пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу абдан маанилүү. Бул эксперименталдык экосистемалык эсептер бизге эмне үчүн керек? Эгер мамлекеттик статистика системасын карап көрсөк, ал жерде болжол менен 500 000 көрсөткүч бар, жана система ар түрдүү тармактардагы: экономикалык, экологиялык, социалдык жана демографиялык мүнөздөгү, болжол менен 2,5 млрд маалыматтарды иштеп чыгат. Биз чечим кабыл алуучуларга критикалык кырдаалдарды аныктоо үчүн негизги индикаторлорду иштеп чыгуубуз керек. Айтсак, келечек өнүгүүдө айлана-чөйрө маселелери боюнча кандайдыр бир терс кесепеттердин оор жагдайларын болтурбай коюу максатында». Сураппаева Венера Мамыровна, КЧКТЧМАнын Токой-мергенчиликти уюштуруу департаментинин токойго мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы: «Ар кайсы өлкөлөрдөн ар кандай тажрыйбасы бар эксперттердин билимдери менен бөлүшүп, бул процессте кызматташып жаткандыгы абдан пайдалуу. Мисалы, биз токой чарбасы жаатында өзүбүздүн тажрыйбабыз жана маалыматтарды бере алабыз, ал эми Чех тарап экосистемалардын картасын түзүү боюнча жана баалоо жүргүзүү ыкмалары боюнча билим31


дери менен бөлүшүп жатышат. Бизде толук маалымат базасы бар, жана бул кызматташуу бизге ал базаны жакшыртууга, ошондой эле аны толугу менен пайдаланууга биздин потенциалды бекемдөөгө жардам берет». Ысабекова Бактыгүл Абдимуталиповна, УСКнин Туруктуу өнүгүүнүн жана айлана-чөйрөнүн статистикасы башкармалыгынын башкы адиси: «Сапаттуу такталган өз ара экономикалык жана экологиялык маалыматтар менен камсыз кылуу өлкөнүн өнүгүшүнө жетишүү үчүн абдан маанилүү болуп саналат. ЭЭЭС-ЭЭЭди ишке ашыруу биздин өкмөткө туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жана Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу үчүн ишенимдүү жана билим маалыматтарына таянган саясий сунуштарды иштеп чыгууга жардам берет».

Жашыл экономикага өтүү үчүн жаратылыш капиталы боюнча эл аралык конференциянын катышуучулары, Бишкек ш., 2016-жылдын 30-июнунан - 1-июлуна чейин. 32


ЭКОЛОГИЯЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЭСЕПКЕ АЛУУ СИСТЕМАСЫН ЖАНА ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК ЭКОСИСТЕМАЛЫК ЭСЕПТЕРДИ КИРГИЗYY (ЭЭЭС-ЭЭЭ) БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:

ЭЭЭ КЫЗЫЛ-ҮҢКУР ТОКОЙЧУЛУГУНДА ПИЛОТТУК ТҮРДӨ СЫНАЛДЫ

ЭЭЭС-ЭЭЭ БОЮНЧА УСК, КЧКТЧМА, ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ, GIZ ЖАНА БАРЭБ МЕНЕН МАКУЛДАШУУЛАРДЫН НЕГИЗИНДЕ ИШТЕЛИП ЧЫККАН МЕТОДОЛОГИЯЛЫК СУНУШТАР

ЭЭЭС КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА КРНЫН УСКНИН ПОТЕНЦИАЛЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ

ЭЭЭС БОЮНЧА СТАТИСТИКАЛЫК ОТЧЕТТУУЛУКТУН ФОРМАЛАРЫНЫН ДОЛБООРЛОРУ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ ЖАНА УСК ОТЧЕТТУК СИСТЕМАСЫНА КИРГИЗИЛДИ (2-ЛХ (АРЕНДА))

ЭЭЭС ЖАНА ЭКБ БОЮНЧА ИШ-АРАКЕТТЕРДИ КООРДИНАЦИЯЛОО ЖАНА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ҮЧҮН МЕКЕМЕЛЕР АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ТҮЗҮЛДҮ (КЧКТЧМА АЛДЫНДАГЫ МЕКЕМЕЛЕР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОП ЖАНА УСК АЛДЫНДАГЫ ЖУМУШЧУ ТОП)

ЧЕХ ТРАСТ ФОНДУ МЕНЕН НАТЫЙЖАЛУУ ӨНӨКТӨШТҮК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДАГЫ ЭЭЭС-ЭЭЭ СИСТЕМАСЫ КРНЫН УЛУТТУК СТАТИСТИКА КОМИТЕТИНЕ КИРГИЗИЛҮҮДӨ

33


ФАКТЫЛАР ЖАНА САНДАР • Экологиялык-экономикалык эсептөө системасы жана эксперименталдык экосистемалык эсептер (ЭЭЭС-ЭЭЭ) – бул экосистема каражаттары менен байланышкан кызматтарды эсепке алуу боюнча комплекстүү статистикалык база. • ЭЭЭС – бул экологиялык-экономикалык эсепке алуу боюнча алгачкы эл аралык стандарт. • Кыргыз Республикасынын ИДП структурасында айыл-чарбасы 99,9%ды же 58,4 млрд сомду түзсө, ал эми токой чарбасы 0,05%ды же 0,3 млрд сом түзөт (2014-ж.). • Жалал-Абад облусунун Кызыл-Үңкүр аймагы – дүйнөдөгү эң ири жангак токой массиви болуп эесептелет. • Кызыл-Үңкүр токойчулугунун жалпы аянты 52,499.3 га, анын ичинде жаңгак токойлору – 27,966.2 га түзөт. • Кыргызстанда 2015-жылы 211 554 гектар аянт жерде 13 141 ижарачы катталган. Иш жүзүндө, бир дагы ижарачы отчет бербейт! Булак: КЧКТЧМАнын, Токой институтунун, УСКнин маалыматтары ЧТФнун адистеринин Кызыл-Үңкүр токойчулугуна болгон миссиясы учурунда, 2016-жылдын июну 34


ЭЭЭС-ЭЭЭ боюнча Ысык-Көл районун Бостери айылында болгон семинардын катышуучулары, 2016-жылдын августу

ФАКТЫЛАР ЖАНА САНДАР • Бир күнөстүү күндө 1 гектар токой абадан 120-280 кг көмүр кычкыл газын сиңирип, 180200 кг чейин кычкылтек бөлүп чыгарат. • Бир орточо бак 3 адамдын дем алуусуна жеткен көлөмдө кычкылтек бөлүп чыгарат. • Бир гектар ийне жалбырактуу бак-дарактар бир жылда 40 тонна чаң кармап калса, ал эми жалбырактуу бак-дарактар - 100 тонна кармайт.

35


ЖАРАТЫЛЫШ ЖАНА ЖАКЫРЧЫЛЫК ДЕМИЛГЕСИНИН ИШИНЕ ГЕНДЕРДИК АСПЕКТТЕРДИ ИНТЕГРАЦИЯЛОО «Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей мүмкүнчүлүктөргө, жана аларды ишке ашыруу үчүн бирдей укуктарга жана эркиндиктерге ээ». (КР Конституциясынын 16-бер. 4-б.)

ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгесинин сунуштарынын негизинде көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкөнүн өнүгүү документтеринде - 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында (НСУР) жана 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Программасында (ППУР) туруктуу өнүктүрүү маселелеринин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери аныкталган.

36


Изабель Кемпф, ЮНЕП-ПРООНдун «Жакырчылык жана жаратылыш Фондунун» биргелешкен директору, Найроби, Кения: «Аялдар эркектерге караганда, климаттын өзгөрүшүнө өтө аялуу болушат, анткени алар жаратылыш ресурстарынан көз каранды жана климаттык өзгөрүүлөрдүн себебинен ар дайым коркунуч астында болгон жакыр катмарлардагы көпчүлүктү түзүшөт. Бирок, аялдар ошондой эле айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди азайтуу үчүн дагы, жана бул өзгөрүүлөргө ылайыкташуу боюнча дагы өзгөрүүлөрдүн демилгечилери. Алар чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө ылайыкташкан, экономикадагы стратегияларга салымын камсыз кылуу үчүн даяр».

Отунбаева Роза Исаковна, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомунун уюштуруучусу, Кыргыз Республикасынын экс-президенти: «Ар кайсы өлкөлөрдүн, тармактардын жана региондордун көп жылдык тажрыйбасы көрсөткөндөй, аялдар ресурстар үчүн бирдей жеткиликти жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү алуу менен, жеке адамдардын, үй-бүлөлөрдүн жана элдердин жашоосун жакшыртууга гана жөндөмдүү болбостон, бирок, ошондой эле экологиялык туруктуулукту дагы камсыз кылууга жардам бере алышкан. Мен кыздар жана жаш келиндер биздин бардык иш-чаралардын фокусунда болуусу керек деген бекем ишеничтемин; гендердик зомбулукту жана жыныстык зомбулукту жоюу, алардын билим алуусу үчүн инвестициялар, айрыкча маалымат жана коммуникациялык технологиялар жаатында, жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү улуттук өнүгүү үчүн приоритеттүү болуусу керек».

37


Кочорбаева Зульфия, «Социалдык технологиялар» агенттигинин директору, гендердик маселелер боюнча эксперт: «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында (НСУР) жана 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Программасында (ППУР) аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери туруктуу өнүгүүгө өтүү үчүн приоритеттердин бири катары аныкталган. ППУРдагы 70 негизги көрсөткүчтөрдүн 23 көрсөткүчү гендердик-сезгич көрсөткүчтөр. Гендердик экспертиза улуттук, региондук жана тармактык деӊгээлде стратегиялык пландаштыруунун методология­ лык негиздерине киргизилген. Алсак, «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоорунун алкагында иштелип чыккан Нарын облусунун, Суусамыр айылдык аймагынын, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын 2017-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүү боюнча аймактык стратегиялары гендердик маселелерди эске алуу менен иштелип чыккан».

ФАКТЫЛАР ЖАНА САНДАР • Айылдык калктын жакыр бөлүгүнүн арасында аялдар кедейлик менен ажыратууларга көбүрөөк чалдыгышат. • Аялдар жетектеген айыл жерлеринде жашаган үй-бүлөлүк чарбалардын 53%ы кедей деп бөлүнөт. Алардын ичинен 15%ы өтө жакырчылык шартта жашайт (Айыл жергесинде Кедейчиликтин Порталы, 2014-ж.). • Жумушсуздукка эркектерге караганда аялдар көбүрөөк дуушар болушат. • Аялдарга эркектерге караганда аз акы төлөнөт. • Аялдар коомдук чөйрөдөгү чечимдерди кабыл алууда абдан сейрек катышышат. 38

• Аялдардын 6%ы гана жайыт комитеттердин мүчөлөрү болгон (ПРООН 2014), 18%ы суу пайдалануучулардын бирикмелеринин мүчөлөрү жана 13,6%ы – жергиликтүү ке­ ӊештердин, 4,65% – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары. • Аялдардын жаратылыш жана экономикалык ресурстарга болгон мүмкүнчүлүктөрү чектелген. • Аялдар айыл чарбадагы жумушчу күчүнүн негизги бөлүгүн түзөт, бирок, алардын экономикага реалдуу салымы дээрлик көз жаздымда калууда. Булак: «Кыргыз Республикасында аялдар жана айлана-чөйрө» фотоотчету, 2015-ж.


«Гендердик теңдик жана туруктуу өнүгүү трансформациялык өзгөрүүлөр үчүн» аттуу Борбор Азия регионалдык конференциясынын катышуучулары, 2015-жылдын ноябры

КОНФЕРЕНЦИЯНЫН БАШКЫ БИЛДИРҮҮЛӨРҮ: - Борбордук Азияда экологиялык саясат тармагындагы гендердик саясат бир олуттуу көйгөй бойдон калууда. Гендердик теңдик, кедейликти жоюу жана туруктуу өнүгүү меселелеринин ортосундагы байланышты саясатта жана иш жүзүндө эске алып көрсөтүү зарыл. - Аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн глобалдык кеңейтүү улуттук өкмөттөр, жарандык коом жана башка бардык кызыкдар тараптар жана коргоочулардын ортосундагы биргелешкен жана атайы багытталган ишти талап кылат. - Гендердик факторлорду эске алуу менен стратегиялык пландоону жана бюджеттөөнү кошуп, гендердик жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин сектор аралык интеграциялоо, туруктуулук менен интеграцияны илгерилетүү үчүн келечектүү инструменттер болуп саналат. 39


ГЕНДЕРДИК АСПЕКТТЕРДИ ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ ИШ-ЧАРАЛАРЫНА ИНТЕГРАЦИЯЛОО БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР: БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЖЖЖ ЖАНА ГЕНДЕРДИК ТЕҢДИК МАМИЛЕЛЕРИ «ГЕНДЕРДИК ТЕҢДИК ЖАНА ТУРУКТУУ БОЮНЧА ЖОЖДОРДУН ӨНҮГҮҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛЫК ӨЗГӨРҮҮ АРАСЫНДА ЭССЕ ҮЧҮН» АТТУУ БОРБОР АЗИЯЛЫК КОНКУРСУ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ КОНФЕРЕНЦИЯ, БУУ АЯЛДАР МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ, 2015-ЖЫЛДЫН «ЖЖЖ МЕНЕН НОЯБРЫ БИОЛОГИЯЛЫК АР ТҮРДҮҮЛҮК ПРИЗМАСЫ АРКЫЛУУ ГЕНДЕРДИК МААЛЫМДУУЛУКТУ ЭССЕ КОНКУРСУНУН ЭҢ ЖОГОРУЛАТУУ» АТТУУ МЫКТЫ ИШТЕРИН БОРБОР ИЗИЛДӨӨ АЗИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ УЧУРУНДА ТААНЫШТЫРУУ, 2015-ЖЫЛДЫН НОЯБРЫ ППУРДУН 70 МАКСАТТУУ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНҮН ИЧИНЕН 23Ү - ГЕНДЕРДИК-СЕЗИМТАЛ

ГЕНДЕРДИК КӨРСӨТКҮЧТӨР ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗГИ ИНДИКАТОРЛОРУНУН БИРИ

40

ОРТО МЕКТЕПТЕРДЕ САБАКТАН ТЫШКАРКЫ ОКУУ ҮЧҮН «ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ: АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ ЖАНА ГЕНДЕРДИК ТЕҢДИК» АТТУУ МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН КОЛДОНМО «ЖОГОРКУ БИЛИМ» КУРСУ ҮЧҮН ДАЯРДАЛГАН «ЖАКЫРЧЫЛЫК, АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ ЖАНА ГЕНДЕРДИК АСПЕКТТЕР» АТТУУ ОКУУ КИТЕБИ


41


ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ МАСЕЛЕЛЕРИН МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА БААЛОО СИСТЕМАСЫНА ИНТЕГРАЦИЯЛОО «Жердин сулуулугу өсүмдүктөрүндө болсо, элдин сулуулугу анын билимдүүлүгүндө». Кыргыз эл макалы

Кыргызстандагы «жашыл өсүштүн» көрсөткүчтөрү Кыргызстан расмий түрдө туруктуу өнүктүрүүгө өтүүнүн глобалдык демилгесине кошулду жана Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) «жашыл өсүштүн» көрсөткүчтөрүнүн топтомун сынап баштаган региондогу биринчи өлкө болуп калды. Кыргыз Республикасынын «жашыл өсүшкө» мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлор системасынын иштөөсүнүн негизги максаты өкмөттүк башкаруу органдарын өз убагында тез арада жооп кайтаруу жана чечим кабыл алуу үчүн коомдук-экологиялык жана экономикалык чөйрөдөгү өзгөрүүлөр жөнүндө толук, өз убагында жана так маалымат менен камсыз кылуу болуп саналат.

«Жашыл өсүш» деген эмне? «Жашыл өсүш» - бул биздин келечек бейпилчилигибиз көз каранды болгон экономикалык өсүшкө жана өнүгүүгө жаратылыш ресурстарынын сактыгын жана алардын үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүсүн камсыз кылуу менен бирге өбөлгө түзүү дегенди билдирет. 42


Иманалиев Данияр Шаршенбекович, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары: «Бүгүнкү күндө маанилүү милдеттердин бири болуп натыйжалуу инструменттерди колдонуу аркылуу сапаттуу башкаруу жана «жашыл өсүш» көрсөткүчтөрүнүн динамикасынын өзгөрүшүнө өз убагында жооп кылуу саналат. «Жашыл өсүшкө» мониторинг жүргүзүү жана баа берүү башкаруу инструменттердин негизги бири болуп саналат. «Жашыл өсүш» көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасынын туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө «жашыл өсүш» прогрессине мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасын киргизүү боюнча колдоо көрсөттү. Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүгө өтүү прогрессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын киргизүүнүн негизги максаты болуп мамлекеттик башкаруу органдарына ыкчам жана өз убагында чечим кабыл алуу үчүн социалдык, экологиялык жана экономикалык чөйрөдөгү өзгөрүүлөр тууралуу өз убагында жана так маалымат менен камсыз кылуу саналат. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн системасы өзгөрүү динамикасына баа берүүгө жана туруктуу өнүгүү багытында кыймылдын натыйжалуулугун өлчөөнү ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга тийиш». Орозбаева Каныкей Жантаевна, Улуттук статистика комитетинин Туруктуу өнүгүү жана экология статистикасы боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы: «Расмий статистикага салынган ар бир сом, туура кабыл алынган мамлекет чечим болуп кайрылат, - мен өткөн жылдын күзүндө ПРООНдун колдоосу менен өткөн семинарда кызмат адамдарынын бири айткан кырдаалды эң туура сүрөттөө деп ойлойм. Мобилдик тиркемени колдонгон адамдар статистикалык маалыматтарды алганга ар дайым мүмкүнчүлүгү болот, жана мындай «чөнтөк» справочникти пайдаланып, өлкөдөгү реалдуу кырдаалды көрө алуу менен бирге, анын негизинде туура башкаруу жана өкмөттүк чечимдерди кабыл ала алышат». 43


Каалыкова Гульназ Батырбековна, КР Экономика министрлигинин Мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы: «2016-жылы Экономика министрлиги мекемелик жашыл өсүш көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүүнү пилоттук түрдө өткөргөн. Натыйжада жашыл өсүш көрсөткүчтөрүн түшүнүү менен байланышкан кадрлык мүнөздөгү жетишпестиктер аныкталган. Ушуга байланыштуу, Экономика министрлиги Улуттук статистика комитети менен биргеликте, «Жакырчылык жана Жаратылыш» Демилгесинин колдоосу менен, гендердик аспектилерди эске алуу менен «жашыл өсүш» көрсөткүчтөрүнүн аспектилери боюнча катышкан министрликтер менен департаменттердин потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүштү. Мындай окутуулар жашыл экономика жана «жашыл өсүш» көрсөткүчтөрү боюнча негизги кызыкдар тараптардын потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет».

УСКнин системасындагы «жашыл өсүштүн» көрсөткүчтөрү 44


ФАКТЫЛАР ЖАНА САНДАР • Туруктуу өнүгүү максаттары (ТѲМ) 17 максаттан жана 169 милдеттерден турат. • ТӨМгө жетишүүнү көзөмөлдөө ТӨМдүн глобалдык көрсөткүчтөрүнүн топтомун колдонуу аркылуу жүргүзүлөт. • 2009-жылдын июнунда 34 өлкөнүн министрлери экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун Кеңешинин (ЭКӨУ) министрлердин деңгээлиндеги кеңешмесинде «жашыл өсүш» Декларациясына кол коюшкан.

• Жашыл өсүштүн улуттук көрсөткүчтөрүнүн матрицасынын кыйла бөлүгүн чогултуу, иштетүү, сактоо жана таркатуу жагын (65 ичинен 47 көрсөткүчтү) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети жүргүзөт. • Мобилдик тиркеме смартфондор үчүн Android 2.3+ жана iOS 8+ операциялык системаларынын базасында түзүлгөн, ал статистиканы таблица же диаграмма жүзүндө көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

• 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш түзүлгөн.

УСКнин мобилдик тиркемеси 45


ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ МАСЕЛЕЛЕРИН МОНИТОРИНГ ЖАНА БААЛОО СИСТЕМАСЫНА ИНТЕГРАЦИЯЛОО. «ЖАШЫЛ ӨСҮШТҮН» ИНДИКАТОРЛОРУ БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:

«ЖАШЫЛ ӨСҮШКӨ» МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА БААЛОО ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТОПТОМУ: • ЖОЛ КАРТАСЫ • ИНДИКАТОРЛОРДУ ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА КОЛДОНМО • «ЖАШЫЛ ӨСҮШТҮН» УЛУТТУК ИНДИКАТОРЛОРУНУН МАТРИЦАСЫ • ГЕЗИТТИК ИНДИКАТОРЛОР

БЕШ БЛОККО БӨЛҮНГӨН 65 КӨРСӨТКҮЧТӨН ТУРГАН УЛУТТУК ИНДИКАТОРЛОРДУН МАТРИЦАСЫ

«ЖАШЫЛ ӨСҮШТҮН» ПРОГРЕССИНЕ МОНИТОРИНГ ЖАНА БААЛОО СИСТЕМАСЫН ИШКЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ӨКМӨТКӨ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ

46

«ЖАШЫЛ ӨСҮШТҮН» ИНДИКАТОРЛОРУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН №48-Р ТОКТОМУ МЕНЕН 19.02.2015-Ж. БЕКИТИЛГЕН

МОБИЛДИК КОЛДОНМОДОГУ ««ЖАШЫЛ ӨСҮШ» ИНДИКАТОРЛОРУ» БАСКЫЧЫ «ЖАШЫЛ ӨСҮШТҮН» ИНДИКАТОРЛОРУ БОЮНЧА СТАТИСТИКАЛЫК МААЛЫМАТТАРДЫ КӨРҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРЕТ

ЖАШЫЛ ӨСҮШТҮН ИНДИКАТОРЛОРУ, МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА БАА БЕРҮҮ БОЮНЧА, ГЕНДЕРДИК АСПЕКТИЛЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН БИРГЕ, НЕГИЗГИ КЫЗЫКДАР ТАРАПТАРДЫН ПОТЕНЦИАЛЫ ЖОГОРУЛАНДЫ


47


АЙМАКТАР МЕНЕН ИШТӨӨ – ЧАКАН-ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ «РЕГИОНДОРДУ ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ ӨЛКӨНҮ ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН МААНИЛҮҮ ШАРТЫ БОЛУП САНАЛАТ». 2013-2017-жылдары КР туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программасы жана планы Демилгенин биринчи фазасы учурунда аймактар менен иштөөдө төмөнкү багыттар боюнча иш алынып барылды: • туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу; • пилоттук айыл аймактардын өнүктүрүү пландарын ишке ашырууга колдоо көргөзүү; • пилоттук аймактарда жайыттарды комплекстүү жана туруктуу башкаруу механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү; • максаттуу топтордун потенциалын жогорулатуу.

ПИЛОТТУК АЙМАКТАР Нарын облусу – 2 район, 5 айыл аймагы: Нарын району – Орток, Доболу, Сары-Ой айыл аймакитары Ат-Башы району – Кара-Суу, Кара-Коюн айыл аймактары Ош облусу – 1 район, 1 айыл аймагы: Кара-Кулжа району - Кара-Кулжа айыл аймагы Баткен облусу – 1 район, 1 айыл аймагы: Баткен району – Дара айыл аймагы 48


СУУСАМЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ ДОЛБООРЛОР ДАН ТАЗАЛАГЫЧТЫ САТЫП АЛУУ

$13.008

ТРАКТОРДУ ЭКСКАВАТОРГО ЖАНА БУЛЬДОЗЕРГЕ КАЙРА ЖАБДУУ

$18.500

ЖжЖ: $10.883 ЖС: $2.125

ЖжЖ: $11.000 СӨЖБ: $5.000 ЖПБ: $2.500

ТИГҮҮ ӨНӨРКАНАСЫ ҮЧҮН ЖАБДУУЛАРДЫ САТЫП АЛУУ

БИОТЕРМИКАЛЫК АҢДЫ КАЗУУ

ЖжЖ: $6.973 ЖС: $2.719

ЖжЖ: $7.921 КТБ: $21.737

$9.692

ЖжЖ - «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгеси ЖС - Жеке салым СӨЖБ - ГЭФ-ПРООНдун «Суусамыр өрөөнүнүн жайыттарын башкаруу» Долбоору ЖПБ - Жайыт пайдалануучулар бирикмеси КТБ - ПРООНдун «Климаттык тобокелдиктерди башкаруу» Долбоору ЖКП - ПРООНдун жакырчылыкты кыскартуу боюнча Программасы

$29.658

НОКӨП - ПРООНдун Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү Программасы БД - Башка донорлор КМБ - Консультациялык-маркетингдик борбор КЖЗАЧФ - Кыргыз-Жаңы-Зеландиялык айыл-чарба фонду НӨФ - Нарынды өнүктүрүү фонду ЖБӨУ - Жергиликтүү бейөкмөт уюм ДАӨ - Дөбөлүү айыл өкмөтү

49


Зоодонбек Асаналиев, «Суусамыр» жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы: «2009-жылы Суусамыр айыл аймагында биринчи жолу «Суусамыр» жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмеси ПРООН-ГЭФтин «Суусамыр өрөөнүндөгү тоолуу жайыттарды туруктуу башкарууну көрсөтүү» дол­ боорунун колдоосу менен түзүлгөн. Долбоор менен жайыттарды башкаруу боюнча абдан тыгыз кызматташканбыз. Долбоордун колдоосу менен алыс­кы жайыттарга барчу жолдор ачылган, көпүрөлөр курулган, алыскы жайыт­тарда мал жайууну пландаштырышкан жайыт пайдалануучуларга чакан ГЭСтер орнотулуп, фотоэлектростанциялар берилген. Мындан тышкары, биздин жайыт пайдалануучулар алыскы жайыттарга көчүү үчүн өтө зарыл болгон МТЗ-82.1 трактору сатылып берилген. 2012-жылы биздин жайыт пайдалануучулардын суроосу боюнча, биздин жайыт комитет ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» долбооруна жардам сурап кайрылганбыз. Анын колдоосу менен биздин трактор экскаватор-бульдозерге алмаштырылып жабдууланган. Акыркы 5 жылдын ичинде биздин трактор айылдын көптөгөн актуалдуу маселелерин чечүү үчүн кызмат кылып келатат, айрыкча кыш-жаз мезгилинде. Айрыкча, 2016-2017-жылы кар абдан калың түшүп, кыш өтө катаал болду. Биздин бульдозердин жардамы менен айылдын көчөлөрүн өз убагында кардан тазалап жаттык, ошондой эле, кышкы жайыттарга алып баруучу жолдорду да тез тазалап алып, биздин айыл аймактын тургундарынын жашоосун абдан эле жеңилдетти. Биздин бульдозерге айланган тракторубуз Суусамырдагы алгачкы карлыгач болуп калды. Жакшылык жугуштуу болот дегендей, акыркы 2 жылда Суусамырда айыл демөөрчүлөрүнүн жардамы менен Камаз жүк ташуучу унаасы менен XGMA деген фронталдык жүктөгүч сатылып алынды. Андан сырткары, Дүйнөлүк Банктын долбоорунун жардамы менен сатылып алынуучу автогрейдер күтүлүп жатат. Жергиликтүү коомчулуктун жана айылдык кеңештин чечими менен 4 техника бирдиги бириктирилип Суусамыр айыл өкмөтүнүн алдындагы алгачкы муниципалдык ишкана ачылуунун алдында турат.

50


Учурдан пайдаланып Суусамыр жергесинде аткарып кеткен иштери үчүн ПРООНго жана «Жаратылыш жана жакырчылык» долбооруна өзүмдүн атымдан жана жалпы жайыт пайдалануучулардын атынан чоң ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине чоң ийгиликтерди каалап кетээр элем!» Урмат Алыпсатаров, «Суусамыр» жамааттар Ассоциациясынын төрагасы: «Суусамыр жамааттар Ассоциациясы 2013-жылы ПРООНдун «Сууса­ мырдын бийик тоолуу жайыттарын туруктуу башкарууну көрсөтүү» долбоорунун демилгеси менен жергиликтүү жамааттардын кышка тоют базасын чындоо максатында үрөн жагынан колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Долбоор арпа жана эспарцеттин үрөнчүлүгүн өнүктүрүү үчүн, жамааттарды өнүктүрүү аркылуу үрөн айландыруу фондун түзүүгө колдоо көрсөттү – арпа менен эспарцеттин элиталык сорттогу үрөндөрүн сатып берди. Биздин ассоциация жамааттар арасында үрөн бөлүштүрүүдө, үрөндүн сапатын жогорулатууда жана үрөн айландырууда координациялоочу милдетти аткарат. Башында Суусамыр айыл өкмөтү боюнча үрөн тазалагычтын жоктугунан үрөндүн сапаты төмөн болчу. Үрөндү тазалоо үрөндүн сапатын жакшыртып, тиешелүү кондицияга жеткирүү аркылуу, кирешелүүлүгүн көбөйтүүгө абдан жакшы таасирин тийгизет». ПРООНдун «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоорунун колдоосу бизге баа жеткис болду! Долбоор каржылык колдоо көрсөтүп бизге дан тазалоочу машина сатып берди. Анын кийинки жылы үрөндөрдү жаңыртуу үчүн долбоор дагы 7 тонна арпа үрөнүн сатып берди. Азыркы учурда, биздин дан тазалагыч үзгүлтүксүз иштеп жатат, айылдын жамааттарынын жана жашоочуларынын үрөндөрүн өз убагында тазалап берип жатабыз. Үрөн фондубузда жетиштүү көлөмдө үрөндөр бар, жана ийгиликтүү иштеп жатабыз. ПРООНго көрсөткөн колдоосу үчүн чоң рахматыбызды билдиребиз!».

51


Дан тазалагыч машина үрөндөрдү жакшыртуу менен бирге түшүмдүүлүктү жогорулатууга мумкүнчүлүк берүүдө

Жабдылган трактор жергиликтүү элге айылдын көптөгөн актуалдуу маселелерин өз алдынча чечүү үчүн жакшы өбөлгө болууда 52


Урмат Абдиев, Суусамыр айылдык аймагындагы Тунук айылынын башчысы, «Алтын Оймок» жамаатынын жетекчиси: «Туптуура 5 жыл мурун - 2012-жылдын декабрында, биздин «Алтын Оймок» жамааты ПРООНдун «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоорунан тигүүчү машиналарды алган, жана тигүү цехи менен жүн тытуучу цехти иштете баштаганбыз. Ошондон бери ийгиликтер да, жетишпестиктер да болду. Ачылгандан кийин үч жылдай ийгиликтүү иштедик, бирок, бир канча өзгөрүүлөр болуп, алар биздин ишке жакшы таасирин тийгизген жок. Биздин жамаат аялдардан турат, жана мүчөлөрүбүздүн көпчүлүгү жамааттан чыгып кетишти – бири башка шаарга көчүп кетти, экинчиси Россияга иштөө үчүн чыгып кетти, эки кызыбыз турмушка чыгып кетишти, кээлери төрөп бала баккандыктан иштешпей эле. Ушул себептерден улам, учурда беш гана аял калды. Негизинен биз буйрутмалар менен иштейбиз, улуттук жууркан-төшөктөрдү, малчылар үчүн атайын кышкы суук өткөрбөгөн чокойлорду, музоо байлаганга атайын коопсуз ноктоолорду тигебиз, айрыкча жазында аларга суроо-талап көбөйөт. Дагы бир туруктуу кардарларларыбыз - Көк-Бөрү оюнчулары – бизде жергиликтүү бир нече команда бар. Алар оюнга ылайык атайын коргоочу баш кийимдерин жана формаларын буйрутма кылышат. Биздин цех негизинен күзүндө жакшы иштейт, себеби элдер жайлоодон түшүп келгенде той мезгили башталат, ошону менен суук түшкөнгө чейин иштейбиз. Жайында да иш начар – элдин баары жайлоого чыгып кетет. Бизде негизги бир көйгөй бар – бул кышында цехти жылытуу, себеби, буйрутмалардан тапкан акча көмүр сатып алганга жетпейт кымбаттыгына байланыштуу. Дагы бир проблема – бул машинелер бузулганда оңдогонго адистер жок, Бишкекке алып барууга туура келет. Эки жолу электр машиналарынын моторлору күйүп кетти, көрсө төмөн температурага байланыштуу мотордогу май касиетин жоготот экен. Машинкалар туура жана толук кандуу иштеши үчүн бөлмөдө жайлуу температураны камсыз кылуу зарыл экен. Бизде болсо кыш мезгилинде аны камсыз кылуу кыйынга туруп жатат. Бирок, бул кыйынчылыктардын баарын жеңүүгө болот. Биз жамаатты кеңейтүү үчүн жаңы мүчөлөрдү тартууну пландаштыруудабыз. Мен эки жолу Бишкектен адис алып келип мүчөлөр үчүн кийим бычуу жана тигүү боюнча окутууларды уюштурдум. Кайрадан күч-аракетибизди толук жумшап, жабдыктарды жаңылап, жаңы буйрутмаларды таап, жана ишибиздин сапатын жогорулатууну пландаштыруудабыз. Иштеш гана керек». 53


«Алтын оймок» жамаатынын тигүүчүлөрү иш учурунда

54


НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ДОЛБООРЛОР Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айыл аймагындагы Кадыралы айылында дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын жакшыртуу жана айлана чөйрөгө терс таасирлерди жеңилдетүү ЖжЖ: $3.209 ЖКП: $3.137 КЖЗАЧФ: $2.976 ЖС: $2.317 Өнөк: «Кызыл Белес» КМБ

$11.639

Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу жана Дыйкан айылдарында айыл чарба өндүрүшүн жакшыртуу жана айлана чөйрөнү коргоо үчүн КМБ тармагын түзүү жана өнүктүрүү ЖжЖ: $3.188 ЖКП: $1.341 КЖЗАЧФ: $3.454 ЖС: $1.700 Өнөк: «Кызыл Туу» КМБ

$9.683

Ташбашат айылында «Бурган суу» каналында суу бөлүштүрүү түйүнүн куруу ЖжЖ: $6.900 НӨФ: $204 ЖС: $5.360 Өнөк: Орток айыл өкмөтү

$12.404

Жергетал айылында «Баркыжок Ата» коомдук сейил багын жакшыртуу ЖжЖ: $4.197 НӨФ: $204 ЖБӨУ: $370 ЖС: $1.391 Өнөк: Жергетал айыл өкмөтү

$6.162

Ат-Башы районундагы Кара-Суу жана Кара-Коюн айыл аймактары үчүн үрөн берүү ЖжЖ: $9.568 Өнөктөр: Кара-Суу айыл өкмөтү, Кара-Коюн айыл өкмөтү

$9.568

14 долбоордун жалпы наркы

$215.875

Ак-Талаа районундагы Куртка жана Үгүт айылдарында айлана чөйрөгө терс таасирлерди жеңилдетүү менен айыл чарба өндүрүшүн жакшыртуу ЖжЖ: $4.548 ЖКП: $3.059 КЖЗАЧФ: $4.676 ЖС: $4.145 Өнөк: «Тендеш Заман» Коомдук бирикмеси

$16.428

Нарын районунун 3 айылында айлана чөйрөгө терс таасирлерди жеңилдетүү менен айыл чарба өндүрүшүн жакшыртуу ЖжЖ: $4.038 ЖКП: $2.364 КЖЗАЧФ: $6.483 ЖС: $3.188 Өнөк: «Эки Нарын» КМБ

$16.073

Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл аймагындагы “Көлмө” участкасында насос станциясын реабилитациялоо ЖжЖ: $8.180 НОКӨП: $8.180 ЖС: $14.315 Өнөк: Кара-Суу айыл өкмөтү

$30.675

Учкун айылындагы «Суу Капчыгай» участкасында бөлүштүрүү түйүнүн куруу ЖжЖ: $12.648 НӨФ: $204 ЖС: $9.137 Өнөк: Учкун айыл өкмөтү Дөбөлүү айылында канаттуулар фабрикасын түзүү ЖжЖ: $5.669 НӨФ: $204 ДАӨ: $2.759 ЖС: $1.704 Өнөк: Дөбөлүү айыл өкмөтү

$21.989 $10.336

ЖжЖ: $98.922 ЖС: $48.101 ЖКП: $9.901 КТБ: $21.737 НОКӨП: $8.180 СӨЖБ: $5.000

КЖЗАЧФ: $17.589 НӨФ: $816 ЖБӨУ: $370 ДАӨ: $2.759 ЖПБ: $2.500

55


Мукашев Белек, Нарын районунун Орток айыл аймагынын өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси: «Акыркы бир нече жылдан бери биздин айыл өкмөт ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» Долбоору менен иштешип келе жатат. Бул кызматташуунун негизинде кайрак жерлерди суугаруу үчүн Кайыңды айы­ лында суу тосмо түзүмү курулган. Азыр ал жерде камсыз кылынган сугат суусу тоют өсүмдүктөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн жакшыртат. Буга чейин, «Бурган-Суу» каналында бул суу тосмо түзүмү жок болгондуктан, сугат мезгилинде суу көп келген кезде, суу жээктерин шагыл жууп кетчү, ошол себептен бир нече күн бою сугатты токтотуп коюу керек болчу. Себеби, техниканын жоктугунан, кол менен тазалоо керек болчу. Бул убакыттын ичинде талаада тоют өсүмдүктөрүнүн өндүрүмдүүлүгү начарлап калчу. Андыктан, эспарцетти эрте чаап алчубуз, ал эми экинчи чабык деген жок болчу. Азыр болсо ал жерден эки чабык алууга мүмкүнчүлүк алдык. Бул болсо тоют менен камсыздуулук үчүн абдан жакшы эмеспи». Калысбек Турганбаев, Нарын районунун Дөбөлүү айыл аймагындагы чакан канаттуулар чарбасынын башчысы: «ПРООНдун колдоосу менен Нарын облусунда биринчи жолу биз канаттууларды өстүрүү боюнча чакан долбоорду ишке киргизгенбиз. Негизги максаты - Союз кулагандан кийин аймакта эч ким алектенбеген канаттууларды өстүрүүнү жандандыруу болчу. Бүгүнкү күндө максатыбызга 80%га жеттик деп эсептейм, себеби биз бул ишти баштаганда Нарын облусунда мындай иш менен алектенген эч ким болгон эмес. Биздин иштен кийин 20 чакты дыйкандар ушул иш менен иштей баштады. Андан кийин биз Нарын облусунда канаттуулар үчүн тоют камдоо боюнча цех түзө алдык. Ошондой эле, бул дыйкандарды бириктирген Ассоциация түздүк. Азыр биз тоок менен индюктун этин өндүрүүнү пландаштыруудабыз. Ошондой эле, көп тармактуу иш алып баруу үчүн, линька жана инкубация боюнча иш баштайбыз. Нарын районунда тоют менен камсыз болуу менен байланышкан кы­ йынчылыктар бар, себеби, дан-эгиндер жетилбей калат деген коркунуч дайыма бар. Эми биз бул ишибиз үчүн жайыттарды пайдаланууну баштоону 56


пландаштыруудабыз. Эми жайыт комитети менен бул ишти кантип жүргүзүүнү жана жайытты канаттууларды өстүрүү үчүн пайдаланууну ойлонуп жатабыз. Кийин ал тажрыйба менен бөлүшүү да оюбузда».

Орток айыл аймагынын Ташбашат айылындагы «Бурган-Суу» каналындагы суу бөлүштүрүү түзүмү арпа менен картошка түшүмдүүлүгүн 2 эсеге жогорулатууга, жана сугат жерлеринин абалын жана түшүмдүүлүгүн жакшыртууга, жана андан тышкары Орток жана Дөбөлү айыл аймактарынын тургундарына келтирилген суу ташкындары коркунучунун алдын алууга көмөктөшөт.

Көпүрө, төшөлгөн жолдор менен аянтчаларды куруу аркылуу Жерге-Тал айылындагы «Баркыжок ата» паркында эс алуу жана маданий иш-чаралар үчүн шарттар түзүлдү

57


АЙМАКТАР МЕНЕН ИШТӨ - МИКРОДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:

РЕГИОНАЛДЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУ БОЮНЧА МЕТОДОЛОГИЯЛЫК КОЛДОНМО

НАРЫН ОБЛУСУНДА 10 ДОЛБООР

2014-2017-ЖЫЛДАРГА НАРЫН ОБЛУСУНУН ЖАНА СУУСАМЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ

ПИЛОТТУК РЕГИОНДОРДО МАКСАТТУУ ТОПТОРДУН ПОТЕНЦИАЛЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ

СУУСАМЫР МЕНЕН НАРЫН ОБЛУСУНУН БЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ПЛАНДАРЫН ИШКЕ АШЫРУУГА САЛЫМ 700 ҮЙ ЧАРБАЛАРЫ АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАКШЫРТЫШТЫ

58

СУУСАМЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНДА 4 ДОЛБООР

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМЧУЛУКТУН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН 215 875$ ӨЛЧӨМҮНДӨ 14 МИКРОДОЛБООР ИШКЕ АШЫРЫЛДЫ


ФАКТЫЛАР ЖАНА САНДАР • Өлкөдөгү эӊ жогорку жакырчылык деӊгээлдеги облус - Нарын облусу -53,5%. • Суусамыр айыл аймагындагы үйбүлөөлөрдүн 46%ы жакыр. • Шаарларга караганда айыл жериндеги жакырчылыктын деӊгээли жогору.

Нарын районунун Дөбөлүү айылындагы тоок менен жумуртка багытындагы чакан тоок ферма аймакта канаттуу багуу тармагын жандандыра алды, жана киреше алып келүүчү иш-аракеттер менен жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү экологиялык жактан таза азыкка мүмкүнчүлүк ачып бере алды.

• 10,7 млн га айыл чарба жерлеринин 40%дан ашууну, анын ичинде дээрлик 9 миллион гектар жайыттары, деградацияланган. • Кыргызстандын территориясынын 85%ы эрозияга дуушар болгон. • Аялдар калктын экономикалык жактан активдүү бөлүгүнүн 42%ын түзөт жана эркектер алган эмгек акынын 67%ын гана иштеп табышат. Булак: Кыргыз Республикасынын айланачөйрөнүн абалы тууралуу Улуттук доклады, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2016-17-жылдар үчүн маалыматтары.

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылдык аймагындагы «Көлмө» участкасындагы насостук станциясын калыбына келтирүү мурда таштап койгон жерлерди кайра өздөштүрүүгө жана чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууга жардам берди. 59


ЖАЙЫТТАРДЫ ТУРУКТУУ БАШКАРУУГА КОШКОН САЛЫМ ЖАНА «ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЙЫТ КОМИТЕТИ» МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАСЫН ЖАЙЫЛТУУ Айыл жеринде жашаган калктын 60%дан ашыгы жашоо каражаттардын булагы катары аларга зор таасирин тийгизген жаратылыш ресурстарын пайдалануудан түз көз каранды. Негизги жаратылыш ресурсу – бул өлкөнүн аймагынын 40%ын жана айыл чарба багытындагы жерлердин 85%ын түзгөн тоолуу жайыттар. Жайыттарга болгон басымды көзөмөлдөө аларды туруктуу пайдалануунун маанилүү элементтеринин бири болуп эсептелет жана узак мөөнөттүү келечекте алардын жогорку өндүрүмдүүлүгү менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Элмира Турганбаева, Нарын облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси: «Электрондук жайыт комитети» маалымат системасы Нарын облусу үчүн абдан пайдалуу деп эсептейм. 2015-жылдын 12-августунда биз ЕАЭБ биримдигине кирдик, жана Нарын облусу үчүн жайыттар негизги ресурс болгондуктан биз мал чарбачылыгы менен бара алабыз. Экспортко багытталган азыктар катары биз эт, сүт жана сүт азыктарын сунуштай алабыз. Ал эми бул азыктар сапаттуу болушу үчүн биздин жайыттар да ошого жараша болууга тийиш. ПРООН «Электрондук жайыт комитети» маалыматтык системасын ишке ашырууда абдан жакшы колдоо көрсөтүүдө. Мен ойлом, эгерде бул система облустун бардык айыл өкмөттөрүндө ишке ашырылган болсо, натыйжасы да абдан жакшы болмок, алдыга карай чоң жылыштар болмок деп эсеп60


тейм. Биз бул ишке толук колдоо көрсөтөбуз деп, облустун атынан ишендирип кетким келет. Мен бул иш Нарын облусунун өнүгүүсүнө зор салым болот деп эсептейм!». Айбек Токтогазиев, Нарын районунун Дөбөлүү АӨнүн мал чарбасы боюнча адиси: «Биринчиден, мен ПРООН-ЮНЕПтин долбооруна зор ыраазычылык билдиргим келет! Биз бул долбоор менен бир нече жылдан бери иштешип келебиз. Жайыттар маселелери биз үчүн абдан маанилүү, анткени жайыттарыбыз бузулууга дуушар болууда. Ошондой эле, биз ПРООН менен ар кандай микродолбоорлорду ишке ашыруу боюнча дагы кызматташабыз. Эң натыйжалуу иш – бул «Электрондук жайыт комитети» системасын ишке киргизүү боюнча иш болду. Бул система биздин айылдын жайыттарын малдын санынын негизинде натыйжалуу бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул система биздин ишибиздин илгерилешине абдан жакшы өбөлгө түзүүдө. Мал чарбасы боюнча адис катары айтаар элем, малды идентификациялоо боюнча маалымат базасын түзүү биз үчүн абдан маанилүү маселе. Азыркы система жайыт комитетинин да, ветеринарлардын да, мал чарбасы адистеринин дагы ишин бир кыйла жеңилдетти. Менин оюмча бул системаны дагы кичине жакшыртып, өзгөртүү киргизсек жакшы болот, себеби система малдын санын гана көрсөтөт; ага эми дагы ар бир малды идентификациялоо боюнча кошумча бөлүм кошушубуз зарыл деп ойлойм». Чолпон Эшенова, Нарын районунун Дөбөлүү АӨнүн инвестиция боюнча адиси: «Биз ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоору менен абдан жакшы кызматташтыктабыз. Негизги кызматташтык бул «Электрондук жайыт комитети» маалыматтык системасын ишке ашыруу менен байланышкан. Бул система менен иштөө биздин жайыт комитетке чоӊ жардамын берет, анткени, бул системада карта бар, жайыт жерлердин өндүрүмдүүлүгү жана кубаттуулугу боюнча маалымат, эмдөө боюнча дагы маалыматтар бар. Ал тургай, бизге дагы иштөө кадимкидей жеңил болуп калды, себеби бул системада жайыт пайдалануучулар тууралуу, мал тууралуу, кайсы жайытты пайдалангандыгы үчүн канча төлөм жасалгандыгы 61


тууралуу, кимдин канча карызы бары тууралуу маалыматтар бар, жана отчетторду түзүү да, кабыл алуу да абдан ыңгайлуу болуп калды. Буга чейин мен өзүм бул система менен иштөө боюнча тренинг өткөм, жана биздин системага бардык маалыматтарды да өзүм киргизгем. Бул системаны колдонуу менен иштөө башка АӨ салыштырганда ишибизди жеңилдетүүгө абдан жакшы өбөлгө түзөт. Эгер бул программа бардык айыл өкмөттөргө киргизилип, бардык жайыт комитеттер ушундай темп менен иштеген болсо, анда бардыгынын иши натыйжалуу болот эле деп ойлойм. Долбоор бизге керектүү компьютердик жабдууларды сатып берип, ага маалымат системасын орнотуп да берген, аны менен иштөө боюнча атайын окутуп да берди. ПРООНго абдан чон рахмат, жана келечек иштерге ийгиликтерди каалайм!».

Абдилазиз Бегимканов, Ош облусундагы Кара-Кулжа айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы: «2014-жылы биздин жайыт комитет ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоорунун «Электрондук жайыт комитети» маалыматтык системасын киргизүү боюнча Ош облусундагы пилоттук жайыт комитети болуп тандалган. Өткөрүлгөн инвентаризация менен экономикалык баа берүүдөн кийин, 2015-жылы биз макулдашылган документтерди жана жайыттардын картасын алдык. «Электрондук жайыт комитети» маалымат системасы орнотулган компьютер жабдуулары да бизге өткөрүлүп берилип, биздин кызматкерлер система менен иштөө боюнча окутуудан өтүшкөн. Ушул эки жыл ичинде биз система менен иштегенден бери, биздин жайыт комитеттин иши бир топ эле жакшырды. Өзгөчө, карталар чындап эле, жайыт участкалары боюнча чыккан ар түрдүү чыр-чатактуу учурларда абдан көмөк көрсөтүп, кереги тийүүдө. Ошондой эле, система отчеттуулук үчүн өтө ыңгайлуу болуп калды. Каалаган убакта жайыт пайдалануучулар боюнча, чогултулган каражаттар боюнча, же вакцинация ж.б. жөнүндө тез эле отчетторду түзө алабыз. Элде биздин иш акыйкат жана ачык-айкын уюштурулганында ишеним бар. Биз системаны жаӊы ишке ашырып башта62


ганда, биздин чогулткан жайыт акы жылына 800 миӊ сомдун чегинде эле, ал эми азыр 1,1 млн сомго чейин көбөйдү. Мен ошондой эле, жайыт комитеттеринин райондук ассоциациясынын төрагасымын, жана «Кыргыз жайыты» ассоциациясынын мүчөсүмүн. Мен башка жайыт комитеттердин аткарган ишин көрүп жатам. Мындай системаны ар бир жайыт комитеттерине киргизүү - жайыт комитеттеринин дагы, ассоциациялардын дагы ишин өтө жакшыртат эле деп бекем ишенем».

Омурзаков Эркинбек, Нарын районунун Орток АӨнүн жооптуу катчысы: «ПРООН-ЮНЕП долбоору биздин жайыт комитетке колдоо көрсөткөнү жакшы жыйынтыктарга алып келүүдө. Эгерде мурун жайыт пайдалануучулар тарабынан көптөгөн түшүнбөстүктөр болгон болсо, ал эми азыр алар өздөрү эле эрте жазда жайыт комитетине келишип, жайыт жерлерди бөлүп берүү боюнча келишимдерин түзүшүп, ветеринарлар менен малдарын эмдетишип, жайыт комитети бөлүп берген гана аймактарга чыгып калышты».

Айсулуу Мойдунова, Ош облусунун Кара-Кулжа айыл аймагынын жайыт комитетинин мүчөсү, альтернативдик энергия булактарын ишке ашыруу жана пайдалануу боюнча долбоордун жетекчиси: «2015-жылы биздин жайытка альтернативдик энергия булактарын киргизүү жана пайдалануу боюнча даярдалган микродолбоорубуз ПРООНдун «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоору тарабынан колдоого алынган. Биз 4 комплект күн мештери менен велогенераторлорду алганбыз. Эки жылдан бери бизге бул күн мештери менен велогенераторлор жайында жайлоо-балабакчасын уюштурууга абдан жакшы жардамы тийип жатат! Ушундай күн мештери менен велогенераторлорду алганга кызыккан адамдар бизге маалымат алганы өтө көп келишүүдө. Биздин энергия топтоочу генераторлордун артыкчылыгы – бул аларды өз кол менен жасап 63


алганга мүмкүн болгондугунда. Бардык керектүү материалдарды Кара-Суу базарынан сатып алса болот, баалары деле жеткиликтүү. Ал эми толугураак маалымат алуу үчүн биз Ош технологиялык институтунан бул технологиялардын иштеп чыгуучусу Зарипбек агайдын байланыш телефондорун беребиз. Бүгүнкү күндө энергияны пайдаланууну жаратылыш ресурстарын экономдуу пайдалануу аркылуу азайтуу жана энергия үнөмдөөчү технологиялар менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү абдан актуалдуу экенин эске алуу менен, «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоорунун салымы баа жеткис болду деп эсептейм. Биздин өлкөдө мындай каражаттарды биз биринчи болуп иш жүзүндө киргизип жаткандыгыбыз үчүн абдан сыймыктанам! Биздин мештер менен велогенераторлорду көргөндөрдүн баардыгы абдан таң калышып, алар дагы өздөрүндө ишке ашырууга кызыкдар. Өткөн жайда бизге Түп районунан, Чүй облусунан, ал тургай, Россиядан да адамдар келишкен эле. Көргөндөрдүн баардыгы ишенбей да жатышты, кантип эле чай кайнатып, тамак бышырса болот экен деп. Мен ар дайым кызыккан адамдарга маалымат да берем, үйрөтүп айтып да берем. Жакында эле АРИС тарабынан уюштурулган семинарда, биздин долбоор жөнүндө презентация жасадым эле, бардык катышуучулардын арасында зор кызыгууну пайда кылды. Биздин турмуш-тиричилик шарттарыбызды жакшыртууга кошкон салымы жана жардамы үчүн ПРООНго зор ыраазычылык билдиргим келет!».

Карталар менен компьютер жабдуусун Кара-Кулжа АAнын жайыт комитетинин төрагасы Абдилазиз Бегимкановго өткөрүп берүү учуру, 2015-жылдын августу 64


ЖАЙЫТТАРДЫ ТУРУКТУУ БАШКАРУУГА САЛЫМ – «ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЙЫТ КОМИТЕТ» МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАСЫН ИШКЕ КИРГИЗYY БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:

«ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЙЫТ КОМИТЕТ» МС НАРЫН, БАТКЕН ЖАНА ОШ ОБЛУСТАРЫНДАГЫ ПИЛОТТУК ЖАЙЫТ КОМИТТЕРДЕ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

ПИЛОТТУК ЖАЙЫТ КОМИТЕТТЕРДИН 1:25000 И 1:50000 МАСШТАБЫНДАГЫ КАРТАЛАРЫ ЖАНА МАЛ ЖАЙУУ ПЛАНДАРЫ ИШТЕЛИП БЕРИЛДИ

«ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЙЫТ КОМИТЕТ» МСЫ ЖАНА КОМПЬЮТЕР ЖАБДУУЛАРЫ МЕНЕН ИШТӨӨ БОЮНЧА ЖАЙЫТ КОМИТЕТТЕРДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ПОТЕНЦИАЛЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ

АЛЬТЕРНАТИВДИК ЭНЕРГИЯ БУЛАКТАРЫ БОЮНЧА ЧАКАН ДОЛБООР КАРА-КУЛЖА ЖАЙЫТ КОМИТЕТИНДЕ АТКАРЫЛДЫ

ПИЛОТТУК АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫН ЖАЙЫТТАРЫНДА ИНВЕНТАРИЗАЦИЯ, ГЕОБОТАНИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

«ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЙЫТ КОМИТЕТ» МСЫ ОРНОТУЛУП, КОМПЬЮТЕРЛЕР ПИЛОТТУК ЖАЙЫТ КОМИТЕТТЕРГЕ БЕРИЛДИ

«ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЙЫТ КОМИТЕТ» МСЫ КРНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛДИ

65


Кара-Кулжа жайыт комитетинин мүчөсү Айсулуу Мойдунова күн мешинин иштөөсүн көрсөтүүдө

Велогенератор эки чырак жана эки сайгыч каражаттары үчүн электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар 66


ҮРӨН АЙЛАНДЫРУУ ФОНДДОРУН ЖАНА ЖАМААТТАР АССОЦИАЦИЯЛАРЫН ТҮЗҮҮ Бийик тоолуу аймактардагы айыл чарбасынын негизги тармагы болуп мал чарбачылыгы саналат. Ошондуктан тоют данын жана катуу тоют өндүрүүнү жогорулатуу маселеси өтө маанилүү болуп саналат. Тоолуу аймактарда андай тоютту даярдоо үчүн негизинен жазгы арпа жана беде өстүрүлөт. «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгесинин бул багыттагы кийинки маанилүү натыйжасы болуп тоют өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүк чарбаларын жана үрөн айландыруу фонддорун тузүү, себеби булар жайыт пайдалануучуларды кыш мезгилдеринде дан эгиндеринин, тоют өсүмдүктөрүнун үрөндөру менен жана сапаттуу тоют менен камсыз кылуу аркылуу мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда негизги ролду ойнойт. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу жана Кара-Коюн айыл аймактары жамаат­ тар менен иштешүү аркылуу үрөн фондуларын түзүү боюнча мыкты тажрыйбаларды ишке ашыруу үчүн тандалып алынган.

67


Таштанов Рустам, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл аймагынын башчысы: «Кара-Коюн айыл аймагынын башчысы катары иштегениме алты жыл болду. 2012-жылдан тартып биз ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоору менен иштешип келебиз. Биздин айыл аймакта долбоордун колдоосу менен жамааттарды түзүү аркылуу үрөн айландыруу механизми менен үрөн өстүрүү чарбасын ишке киргизгенбиз. Биздин айыл аймакта 14 жамаат түзүлдү, жана үрөн чарбасын түзүү үчүн арпа менен эспарцеттин элиталык сорттогу үрөндөрү, ошондой эле дан тазалоочу машина да сатылып алынган. Бирок, тилекке каршы, акыркы эки жылдан бери абдан кургак мезгилдерге байланыштуу, биздин жамааттар түшүм ала албай калып жатышат. Биздин айыл аймак аба-ырайынын экстремалдык шарттары бар аймакта жайгашкандыктан жаан-чачын аябай аз жаайт, кыш мезгилинде кар дээрлик жаабайт. Биздин айыл аймактын аты дагы ошол себептүү Кара-Коюн деп аталган. Бул жагдай үрөн өстүрүүгө акчасы жана күч-аракеттерин жумшаган жамааттардын маанайына абдан терс таасирин тийгизүүдө. Көп учурда, кургакчыл мезгилде алынган түшүм себүү менен оруу-жыюуга кеткен чыгымдарды актабай калат. Ошол себептен, азыр биз үрөн айландыруу фондун колдой албай жатабыз. Бирок, биз башка донордук долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу сугат суу маселесин чечүү үчүн аракеттерди кылып жатабыз. Азыркы учурда биз сугат каналдарын калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашырып жатып, сугат суу менен камсыздоо абалын жакшырта алабыз деген чоң үмүт бар».

Кара-Суу айылдык аймагындагы Жамааттар ассоциациясынын төрагасы Жапар Акматалиев дан тазалоочу машинанын ишин көрсөтүүдө

68


Канат Уметов, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл аймагынын башчысы: «ПРООНдун колдоосу менен биздин айылдын көптөгөн маанилүү маселелери чечилүүдө. Мен айрыкча «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоорунун жардамы менен сатылып алынган «Көлмө» участогундагы суу насосу азыркы учурда Союз кулагандан бери колдонулбай калган 160 гектар жерди пайдаланууга мүмкүндүк берген жардамы тууралуу айткым келет. Биз дагы 68 миң сом өлчөмүндө өз салымыбызды кошо алдык. Айыл тургундары долбоорго абдан ыраазыбыз. Быйылкы жылы биз бул жерлерге 50 гектардан ашык арпа отургузганбыз, жана эң жакшы түшүм алдык – гектарынан 30 центнерден. Бул участоктон жакыр дыйкандар менен жаш үй-бүлөлөргө 5 гектардан жер бөлүп бердик, алар жакшы түшүм алып өзүлөрүнүн материалдык абалын жакшырта алышты. Эки жылдан бери абдан жакшы түшүм алып жатабыз. Эми бул аймактан жер алуу үчүн каалоочулардын саны көбөйүүдө. Долбоордун колдоосу менен бизде өздүк айландырма үрөн базабыз түзүлгөн, жыл сайын уюмдун жаңы мүчөлөрүнө арпа менен беде үрөндөрүн бөлүп беребиз. 2015-жылы долбоор сатып берген дан тазалоочу машинанын жардамы менен азыр үрөндөрдүн сапаты мыкты. Ал эки жылдан бери биздин айылдын тургундарын тазаланган жана жогорку сапаттагы үрөндөр менен камсыз кылып жатат жана өткөн жылдарга салыштырмалуу жакшы түшүм алууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Сапаттуу үрөн менен камсыз болуу жакшы түшүм алууга өбөлгө түзөт жана тоют баасын төмөндөтөт. Үрөн фонддун иштөөсү аркылуу адамдардын ой жүгүртүүсү менен мамилелери да өзгөрдү. Аларда үрөн өстүрүүгө, тоют өндүрүүгө жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө болгон стимул пайда болду, жана адамдардын жашоосу жакшырууда. Бул болсо аларга жакшы келечекке үмүттөнүүгө негиз берет, жана алдыга умтулууларына өбөлгө түзүүдө. ПРООНдун көрсөткөн колдоосу абдан чоң жана баа жеткис! Биз дагы күн сайын биздин айылды өнүктүрүү үчүн долбоорлорду тартууга аракет кылып жатабыз. Ушундай ийгиликтүү долбоорлордун иштегендиги үчүн биздин айыл аймак 2016-жылы «Эң мыкты айыл өкмөтү» деген улуттук сынакта экинчи орунду элеп, 1,5 млн сом суммадагы акча сыйлыгын алганына мен сыймыктанам! Албетте, мында «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоорунун да сиңирген эмгеги чоң!». 69


YРОН АЙЛАНДЫРУУ ФОНДДОРУН ЖАНА ЖАМААТТАР АССОЦИАЦИЯЛАРЫН ТYЗYY БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:

ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮ СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУ АРКЫЛУУ АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ КОШУЛГАН САЛЫМ

ЖАМААТТАРДЫ ЖАНА ЖАМААТТАР АССОЦИАЦИЯЛАРЫН ТҮЗҮҮ ҮЧҮН УКУКТУК КОЛДОО

01

02

03

05

ҮРӨН ӨСТҮРҮҮ ЧАРБАЛАРЫНА ЭКИ ҮРӨН ТАЗАЛАГЫЧ МАШИНА САТЫЛЫП БЕРИЛДИ

04

20 ТОННА АРПАНЫН «КЫЛЫМ» ЭЛИТАЛЫК СОРТТОГУ ҮРӨНҮ ЖАНА 10 ТОННА ЭСПАРЦЕТТИН ҮРӨНҮ САТЫЛЫП БЕРИЛДИ

БАРДЫГЫ БОЛУП 28 ЖАМААТ ТҮЗҮЛДҮ: КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА – 14, КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНДА – 14; 170 АДАМ КАТЫШТЫ, АНЫН ИЧИНДЕ 60 АЯЛ

ТОЮТ ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ҮРӨНДӨРҮН ӨНДҮРҮҮ ҮЧҮН КООМДУК ҮРӨН ФОНДДОР ТҮЗҮЛДҮ

06

АЙЫЛДЫК АЙМАКТАРДА ҮРӨН ӨСТҮРҮҮ ЧАРБАЛАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КОШКОН САЛЫМ ЖАНА КОШО КАРЖЫЛОО

07

08

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ «КӨЛМӨ» УЧАСТОГУ ҮЧҮН САТЫЛЫП БЕРИЛГЕН НАСОС 160 ГА СУГАТ ЖЕРЛЕРИН ПАЙДАЛАНУУГА МҮМКҮНДҮК БЕРЕТ

ПИЛОТТУК АЙМАКТАР - НАРЫН ОБЛУСУНУН АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КАРА-СУУ ЖАНА КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАКТАРЫ

70


БИЛИМ БЕРҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕРИ АРКЫЛУУ ЖАЙЫТТАРДЫ ТУРУКТУУ БАШКАРУУ «Жакырчылык жана жаратылыш» демилгеси С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен натыйжалуу кызматташтыкты түздү. Бул кызматташтык ошол аймакта жайыттарды туруктуу башкаруу жаатында иштерди жайылтууну алдыга жылдыруу үчүн мыкты аянтча болуп калды. Бул аймакта жайыт көйгөйлөрү абдан актуалдуу болгондуктан, жайыттарды туруктуу башкаруу маселелери университет тарабынан абдан жигердүү колдоого алынды.

Жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча Координациялык кеңештин чогулушунун катышуучулары, Нарын ш., 2015-жылдын июну 71


Исаков Эсенгул Байдалиевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бешинчи чакырылыштагы депутаты: «Кыргызстанда жайыттарды туруктуу башкаруу маселелери жогорку экономикалык, саясий жана коомдук мааниге ээ. Бажы биримдигине киргенден кийин, Кыргызстан эт берүүчү өлкө болуп калышы мүмкүн деп күтүлүп жатат. Анда мамлекет тиешелүү шарттарды түзүп берүүсү шарт - лабораторияларды ачуу, сертификациялоону түзүү жана өз убагында эмдөөлөрдү камсыз кылуу сыяктуу. Эттин сапаты жайыттын абалынан көз каранды болгондуктан, жайыттарды туура пайдалануу маанилүү милдеттердин бири болуп саналат. Башка донорлор тарабынан каржыланган жайыттарды жана токойлорду туруктуу башкаруу боюнча жаңы долбоорлорду ишке киргизип, электрондук жайыттарды башкаруу системасын жайылтуу керек». Омуралиева Дамира Кемеловна, Нарын мамлекеттик университетинин ректору: «ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоору тарабынан Нарында өткөрүлгөн иштер абдан жакшы пикир калтырат. Биз долбоор менен 2011-жылдан бери кызматташып келе жатабыз, жана жайыттарды туруктуу башкаруу жаатында абдан олуттуу натыйжаларга жетише алдык. Биздин аймакта жайыт көйгөйлөрү өтө актуалдуу болуп саналат жана адамдар буга кайдыгер эмес! Анткени Нарында айыл чарба негизги тармак болуп саналат жана жайыт ресурстарынын болжол менен 30%ы Нарын облусунда жайгашкан. Бүгүнкү күндө биз мурдагыдай эле жайыт комитеттери менен тыгыз иштешип келебиз, аларды ар-дайым биздин иш-чараларга чакырабыз, маселелерди чогуу талкуулайбыз. Биздин университеттин компьютердик технологиялар боюнча адистери «Электрондук жайыт комитет» маалыматтык системасын иштетүүгөө байланыштуу жардам сурап келген жайыт комитеттерине техникалык колдоо көрсөтүп келишет. Биз иштеп чыккан окутуу-методикалык комплекси учурда айыл чарба адистиктери үчүн биздин окутуу процессте колдонулуп жатат. Бирок, тилекке каршы, ачылган «Жайыт адиси» адистиги боюнча окуучуларды тарта 72


алган жокпуз. Бул багытта биз Ага Хан фонду менен жана JICAнын долбоору менен иш улантууну пландап жатабыз. Жайыттарды электрондук башкаруу боюнча иштелип чыккан окуу усулу боюнча биз жайыт департаменти менен «Электрондук жайыт комитет» маалымат системасын региондогу жайыт комитеттерине киргизүү тууралуу макулдашып жатабыз, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам, бул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн каржы ресурстарын табууга чогуу аракет жасоодобуз. Биз акыркы жылдар ичинде жайыттардын абалын изилдөө жана жайыттарды башкарууну жакшыртуу боюнча «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоору менен тыгыз иштешип келдик. Биздин окуу жайда жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча координациялык кеңештин жыйыны жана жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча илимий-практикалык конференция болуп өттү. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү – бул дагы биздин өнөктөштүк менен биргелешкен кызматташуунун жемиштүү натыйжасы болуп саналат! Быйылкы жылы биз Нарын облусунун экосистемалык кызматтарын баалоону аяктап калдык. Келечекте биз ошондой эле бул багытта дагы ПРООН менен кызматташууга даярбыз».

Жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча координациялык кеңештин жыйыны учурунда, 2015-жылдын уюну 73


БИЛИМ БЕРYY ДЕМИЛГЕЛЕРИ АРКЫЛУУ ЖАЙЫТТАРДЫ ТУРУКТУУ БАШКАРУУ БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

КРНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН ЖАЙЫТТАР ДЕПАРТАМЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ ЖАЙЫТТАРДЫ ТУРУКТУУ БАШКАРУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК

ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КУРАЛЫ ЖАҢЫ «ЖАЙЫТ АДИСИ» АДИСТИГИ НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУУ ПРОГРАММАСЫНДА АЧЫЛДЫ

74

«ЭЖК» МСЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА МЕТОДИКАЛЫК КОЛДОНМО

ЖАЙЫТ КОМИТЕТТЕРДИН АДИСТЕРИНИН ПОТЕНЦИАЛЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП, КОМПЬЮТЕРДИК САБАТТУУЛУК, «ЭЖК» МСЫ МЕНЕН ИШТӨӨ ЖАНА ЖАЙЫТТАРДЫ ТУРУКТУУ БАШКАРУУ МАЕСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА

НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН АДИСТЕРИ ЖАЙЫТ КОМИТЕТТЕРГЕ «ЭЖК» МСЫ МЕНЕН ИШТӨӨ БОЮНЧА КОЛДОО КӨРСӨТӨТ «ЭЖК» МСЫ МЕНЕН ИШТӨӨ БОЮНЧА ИШТЕЛИП ЧЫККАН ҮЙРӨТКҮЧ ВИДЕО-САБАК

ИЛИМДИН КАТЫШУУСУ - НМУДЕ ЖТБ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛ ЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ


Жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча эл аралык илимийпрактикалык конференциянын катышуучулары конференциянын ачылышы учурунда, 2015-жылдын октябры

НМУнун маалыматтык технологиялар боюнча адистери Нарын облусундагы пилоттук жайыт комитеттердин мүчөлөрү үчүн «Электрондук жайыт комитет» маалыматтык системасы боюнча окутуу учурунда 75


ПРООНДУН ПРОГРАММАЛАРЫ МЕНЕН ӨНӨКТӨШТҮК – «ЖАШЫЛ АЙЫЛ» ДЕМИЛГЕСИ 2015-жылдан баштап ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» демилгеси ПРООНдун «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» Программасынын аймактык бөлүмү менен жана ПРООНдун «Туруктуу өнүктүрүү үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо» Программасы менен Нарын облусунун 2 айылында - Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жана Ак-Талаа районунун Үгүт айылында «Жашыл айыл» демилгесин ишке ашыруу боюнча кызматташып келди.

76


Айгуль Бообекова, Нарын облусунун Орто-Нура айылынын айылдык балдар бакчасынын медайымы: «Семинарда сунушталган энергияны натыйжалуу пайдалануу чечимдеринин бардыгы мага абдан жакты, анткени биздин бакчада колдонгонго толук мүмкүн экен. Өзгөчө натыйжалуу ыкма деп күн нурун пайдалануу менен суу жылытуу үчүн жасалган энергия үнөмдөөчү күн панелдерин атаса болот. Дагы абдан маанилүү жагы – бул аларды өз алдыбызча да жасап алганга болгондугу. Демек, биздин бакчага деле эч кандай чыгымы жок эле мындай жабдууларды орнотсо болот экен. Мындан тышкары, биздин бакчада күнөскана салуу балдар үчүн күн сайын жашылчалар менен камсыз болууга, ал эми жемиш кургатуучу жабдуу болсо 1 күндө 3 кг жемишти компот үчүн кургатып алганга мүмкүнчүлүк берет экен. Жалпысынан алганда, бул бардык технологиялар каражаты чектелүү адамдарга энергиялык жактан натыйжалуу технологияларды өз колдору менен жасап, иштетип жана экономикалык жактан үнөмдөө менен пайда көргөнгө жакшы мүмкүнчүлүк берет экен». Татьяна Веденева, «Энергиянын натыйжалуулугун жана кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү борборунун» президенти: «Аялдарга, айрыкча Нарындын ишкер айымдарына, туруктуу энергетикалык чечимдер тууралуу берилген маалыматтар алардын «жашыл бизнести» уюштуруусуна, же иштеп жаткан өндүрүштө кайра жаралуучу энергияны пайдалануусуна алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейүүсүн камсыз кылат. ПРООН Кыргызстандагы «жашыл» технологиялардын өнүгүүсүнө өз салымын кошконуна татыктуу сыймыктана алат – кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүгө багытталган бардык учурдагы мыйзамдык база ПРООНдун долбоорлорунун алкагында иштелип чыккан, азыркы техникалык чечимдерди көрсөтүүчү демонстрациялык объектилер ишке киргизилип жатат, маалыматтык материалдар иштелип чыгууда, калктын ар түрдүү топторуна окуулар уюштурулуп жатат». 77


ФАКТЫЛАР ЖАНА САНДАР • Көлөмү 25 м3 болгон реакторлору бар эки биогаз орнотуусу, ар бири жылына 400дөн ашуун тонна кыкты иштетүүгө, жана 12000 м3 биогаз менен 330 тонна табигый биологиялык жер семирткичтерди ар бир «жашыл айылда» иштеп чыгарууга мүмкүндүк берет. • Кайра жаралбачу энергиянын булактарын пайдалануу азыркы күндөгү энергия муктаждыгын канааттандыруу айлана-чөйрөгө чоң кысым жасайт жана климаттын өзгөрүшүндөгү терс өзгөрүүлөрдүн себептери болуп калууда. • Азыркы учурда Кыргызстанда кайра жаралуучу энергетика болжол менен 1%ды, же 140-150 миллион киловатт саат электр энергияны өндүрөт.

Ак-Муз айылынын балдар бакчасында орнотулган күн нуру аркылуу суу жылыткыч системасы 78

• ФЭСтин кубаттуулугунун экономикалык жактан негизделген потенциалы 110дөн ашуун ГВт түзөт, ал эми жылдык өндүрүү – 260 млн Квт саат, же Кыргызстандын энергосистемасынын 1,85%ын түзөт. • Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 178 MВт болгон жана 1,0 млрд кВт саатка чейин жеткен орточо электр энергиясын өндүрүү боюнча 92 чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү бар (2015-жылы электр энергиясын өндүрүүнүн 6,6%ы). Булак: «Энергиянын натыйжалуулугун жана кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү борбору», Эл аралык энергетикалык агенттиги (IEA)

Үгүт айылында чакан күнөсканаларды түзүү


Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин Нарын облусундагы филиалына өткөрүлгөн тренингдин катышуучулары

Энергоэфективдүүлүк жана кайра калыбына келүүчү энергия булактары боюнча өткөн тренинг учурунда, Үгүт айылы, 2016-жылдын апрели 79


ПРООНдун «ЖАШЫЛ АЙЫЛ» ДЕМИЛГЕСИ ЖАНА JICAнын «БИР АЙЫЛ-БИР ПРОДУКТ» ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН ӨНӨКТӨШТҮК

БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

ЖАМААТТАРДЫН ОСОП МОДЕЛИ МЕНЕН КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ИШКЕРДҮҮЛҮКТҮ АЛЫП БАРУУСУ (9 КАТЫШУУЧУ, АНЫН ИЧИНДЕ 2 АЯЛ)

ЖАШЫЛ ТЕХНОЛОГИЯЛАР БОЮНЧА ПОТЕНЦИАЛДЫН ЖОГОРУЛАШЫ – ИМАРАТТАРДЫН ЖЫЛУУЛУК ИЗОЛЯЦИЯСЫ, ТАМЧЫЛАТЫП СУУГАРУУ, КҮН ТЕПЛИЦАЛАРЫ Ж.Б (230 КАТЫШУУЧУ, АЛАРДЫН 47% АЯЛДАР)

ЖЕРГИЛИКҮҮ КАЛКТЫН БИР АЙЫЛ БИР ПРОДУКТ ДЕМИЛГЕСИНДЕ КАТЫШУУСУ

80

БЕНЕФИЦИАРЛАР КҮН КУРГАТКЫЧТАРЫН ЖАНА 2 КОМПЛЕКТТЕН ҮЙ ЖЫЛЫТУУЧУ МАТЕРИАЛДАРДЫ АЛЫШТЫ (40 200 СОМГО)

АЯЛДАР КОНГРЕССИ МЕНЕН НАРЫН ОБЛУСУНДА ИШКЕР АЯЛДАРДЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ТУРУКТУУ ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНДА КЕҢЕЙТҮҮ ҮЧҮН ШЕРИКТЕШТИК


JICAНЫН «БИР АЙЫЛ – БИР ПРОДУКТ» ДОЛБООРУН СУУСАМЫРДА ИШКЕ АШЫРУУ ПРООН-ЮНЕПтин «Жакырчылык жана жаратылыш» Демилгеси Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) «Бир айыл - бир продукт» долбоору менен бул моделди өзүнүн пилоттук аймактырында жүзөгө ашыруу боюнча кызматташты. Тактап айтканда, Суусамыр айыл аймагындагы жамааттардын киреше алып келүүчү иш-чаралар боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруусу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында аларды тартуу ишин баштаган. Бул мыкты тажрыйбаларды жайылтууда туруктуу өнүгүүнун үч тараптуу негизи болгон экономикалык өнүгүү, коомдук өнүгүү жана экологиялык туруктуулук эске алынат. Зоодан Асаналиев, «Суусамыр» жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы: «Жакырчылык жана жаратылыш» долбоорунун алкагында Суусамыр айыл аймагында JICA долбоорунун «Бир айыл - бир продукт» моделин ишке ашыруу демилгеленген. Бул моделдин максаты – айыл жамааттарынын биргелешкен киреше алып келүүчү иш-аракеттерин жүзөгө ашыруусуна колдоо көрсөтүү. 2014-жылы Суусамырга Япониядан консультант келип кызыкдар жа­ маат­тар менен жолугушуп окуу өткөрүп кеткен. Ал эми 2015-жылы, долбоор жамааттар үчүн бул модель иштеп жаткан Каракол шаарына иш сапарын уюштурган. Беш жамааттын өкүлдөрү Караколго барып, иш ордунда «Бир айыл – бир продукттун» иш жыйынтыктарын көрдүк. Биз жакшы идеялар менен кайтып келдик. 2016-жылдын башында «БАБП» программасынын Бишкектеги кеңсесинде практикалык симинар уюштурулду. Биздин жамааттар анда ар кандай продукцияларыбызды алып келип көрсөтүп, эксперттердин кеңештерин алдык - өнүмдөрдү кантип жакшыртуу жана андан ары сатууну кантип уюштуруу боюнча. Биз «БАБП» программасын ишке ашыруу алкагында беш багыттагы иш-аракеттерди алга жылдырууну тандап алганбыз. Тилекке каршы, биздин жамааттар даярдаган буюмдар81


дын түрлөрү жана сапаттары боюнча керектүү талаптарга жооп бербейт экендигин көрө алдык. Кантип жакшыртууга болоору тууралуу сунуштар менен кеп-кеңештерди алдык. Биз биргелешип, кийинки жыйналышка чейин жүзөгө ашырылышы керек болгон ар бир жамааттын конкреттүү милдеттери менен иш планын иштеп чыктык. Бирок, пландалган жолугушууга биз үй тапшырмаларын даяр кыла алган жокпуз. Себеби, Суусамырда дээрлик бардык жашоочулар мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, жайлоо мезгили башталганда эле, бардыгы кеч күзгө чейин жайлоого көчүп кетишет. Ошондой эле, биздин жамааттар дагы жайлоого көчүп кеткендиктен, биз сүйлөшүлгөн мөөнөткө чейин продуктыларды дайындап жолугушууга келе алган жокпуз. Ошондой эле, бул ишти улантуу үчүн жамааттар бир катар талаптарга жооп берүүсү керектигине байланыштуу – мисалы, жасаган продукцияны эң жогорку сапатта жасоо, жакшы уюштуруучулук жөндөмдүүлук, жаңы идеяларды табуу жана чыгармачылык менен иш алып баруу, ошондой эле бир канча материалдык чыгымдарды талап кылгандыктан, кээ бир жамааттардын кызыгуусун төмөндөттү. Тилекке каршы, биздин жамааттар чогулуп бул моделди ишке ашырууну уюштура алышпады. Эми келечекте мындай моделди ишке ашырууга даяр жаштар келип, Суусамырда бул башталган ишти улантып кете алышат деп үмүттөнөбүз».

Суусамыр жамааттарынын өкүлдөрү «Бир айыл – бир продукт» боюнча Бишкекте өткөрүлгөн семинар учурунда, 2016-жылдын марты

82

Жамааттар чычырканактан варенье өндүрүү боюнча практикалык тренинг өтүү учурунда, Каракол ш., 2015-жылдын ноябры


ПРООН-ЮНЕПТИН «ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ» ДОЛБООРУНУН МАСЕЛЕЛЕРИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ МАКСАТТАРЫНЫН АЛКАГЫНДА

83


КАРЖЫ БУЛАКТАРЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ Долбоордун эки фазасы үчүн жалпы бюджет 2 420 000 доллар 1-фаза – $1 320 000 2-фаза – $1 100 000 Долбоор өзүнүн өнөктөштөрүнүн биргелешкен каржылоосун ала алган – алар долбоордун бардык багыттары боюнча иш-чараларды ишке ашырууга колдоо көрсөтүштү. Биринчи жана экинчи фазалар учурунда жалпы суммасы 509 122 долларды түзгөн акчалай жана натуралдык биргелешкен каржылык колдоо алынган. Биргелешкен каржылык колдоо булактары 1

ПРООНдун программалары жана долбоорлору

331 405

2

Бенефициарлар

48 501

3

Долбоордун өнөктөштөрү

129 216

Бардыгы

509 122

Кошо-каржылоо булактары ПРООНдун программалары жана долбоорлору

Бенефициарлар

Долбоордун ѳнѳктѳштѳрү 84


Долбоор өнөктөштөрүнүн каржылык салымдары Экономика министрлиги Борбор Азия регионалдык экологиялык борбору БУУ-Аялдар Чех траст фонду Борбор Азиядагы Америка университети Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги GIZ, Германиялык эл аралык кызматташтык боюнча коому

Каржылоо булактары ПРООНдун программалары жана долбоорлору Бенефициарлар Өнөктөштөр: Экономика министрлиги БАРЭБ БУУ-Аялдар ЧТФ БААУ ЖӨБЭАМА GIZ Бардыгы

АКШ доллары 331 405 48 501 129 216 5 000 20 240 2 879 40 000 3 000 3 500 54 597

509 122 85


БИЗДИН ӨНӨКТӨШТӨР ЖАНА ДОНОРЛОР Өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Жайыт департаменти Нарын мамлекеттик университети Борбордук Азиядагы Америка университети Нарын облусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Суусамыр айылдык аймагы

Донорлор Дания, Германия, Норвегия, Испания, Швеция, Улуу Британия өкмөттөрү жана Европа Комиссиясы

Danish Ministry for Foreign Affairs (DANIDA)

Agency

86


«Биз бардыгыбыз жакшы жашоо шартына жетишүүгө умтулабыз. Бирок, өсүштүн азыркы моделин карманбасак ал азырынча мүмкүн болбой жатат... Бизге өнүгүүнүн XXI-кылымдагы практикалык модели зарыл, ал биздин учурдун негизги маселелерин: жакырчылыктын масштабын кыскартууну; жумуш орундарын түзүүнү; теңсиздикти; климаттын өзгөрүшүн; курчап турган чөйрөгө келтирилген жүктү; суунун, энергетиканын жана азык-түлүк коопсуздугун карайт». Пан Ги Мун, ООНдун Башкы катчысы, жашыл экономикада социалдык адилеттикти камсыз кылуу: баяндама жана саясатчылар үчүн он ой пикир, МИОСР, 2014

«Биз жаратылыштан өзүбүз дем алган абаны, ичкен сууну, тамак-ашты жана биз колдонгон ресурстарды алабыз. Жаратылыш биздин экономиканын иштешин камсыз кылат жана эӊ башкысы, биздин ден-соолукту, бактыбызды да камсыз кылып, бизге дем берет». Марко Ламбертини, Эл аралык секретариаттын Башкы директору, WWF International

87



Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.