Айбат - коомдук-саясий гезити №60

Page 11

11

ЖАЗЫНДА НЕ БОЛОТ? Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ, ЖК депутаты, “Республика” фракциясы:

“ЄЛКЄНЇН ЄНЇГЇШЇНЄ ЖАЛПЫ ЭЛДИН ДАГЫ ЖООПКЕРЧИЛИГИ КЕРЕК БОЛУП ТУРАТ”

- Жаз келгени жыл сайын ар кандай иштердин болуп келгени кєнїмїш адатка айлангансыйт. Сиздин баамыўызда быйылкы жаз кандай болчудай? - Менимче бардыгы эле тынч болот. Жазында жаўы єкмєт болушу керек. “Жаздын бир кїнї бир жылга тете” дегендей экономиканы ойлогон, ишти алып кете турган команда тїзїлсє, буюрса жылкы жылы тїшїмдїї жылдардан болот.

- Жаштар акыркы учурларда єз активдїїлїгїн кєрсєтїп, саясатка аралаша баштады. Жаштардын саясатка келишине оюўуз кандай? - Ыўкылапты жаштар кылды, акыйкаттыкты жаштар алып келди деп жатканыбыз менен аларды бийликке алып келїїдє тажрыйба жагын дагы караш керек болуп атат. Мисалы, алгач жергиликтїї бийликке, аткаруу бийликке, шаар башчылыгына алып келип тажрыйба алуусуна шарт тїзїп берїї.

Кенжебек БОКОЕВ, ЖК депутаты, Республика фракциясы:

Мамат АЙБАЛАЕВ, коомдук ишмер

“ЭЧ КАНДАЙ КОРКУНУЧ ЖОК”

- Мамат мырза, акыркы маалда Кыргызстанда ар кандай кырдаалдардан улам, єлкєнїн коопсуздугу боюнча ар тїрдїї жоромолдор айтылууда, мамлекетибизде кандайдыр бир коркунучтар жаралып кетиши мїмкїнбї? - Эч кандай коркунуч жок. Болгону тїндїк-тїштїк маселесин кєтєрїп жаткан айрым бир саясий чєйрєдє кызыктар тараптын чыгарган “оюндары” болушу мїмкїн. - Кыргызстандын сырткы жана ички коопсуздук боюнча абалды кандай баамдоодосуз - Эч кандай коркунуч жок, бардыгы стабилдїї. - Жазында кырдаал курчуп кетет деген кептер айтылып, элдердин

їрєйїн учурга аракеттерди кєргєнсїйт. Чынында эле ушундай болуп кетиши мїмкїнбї? - Буга да эч кандай себеп жок. Болгону Кумтєр маселеси элдин талабындагыдай чечилсе эле тынчтык болот. - Азыркы тапта Кыргызстанда жаўыдан саясатка аралашып, элдин кєйгєйлїї маселелерин чечип келе жаткан жаштарыбыз бар эмеспи. Булардын кадамдарына кандай баа бере алат элеўиз? - Албетте, жаштарыбыздын жакшы аракеттерине туура баамды берет элем. Алардын арасында саясий партияларды тїзїп, жетектеп жатышат. Себеби, жаштар шайлоолорго мыйзамдуу тїрдє катышып, бийликке келїїгє аракеттерди кєрїп келет. Жаштарыбызды колдошубуз керек.

“БИЙИК МАКСАТТАР ГАНА ЗОР ИЙГИЛИКТЕРДИ ЖАРАТАТ” Максат САБИРОВ, ЖК депутаты:

“БАРДЫК ИШТЕР КАЛЫС ЖАНА АКЫЙКАТТЫК МЕНЕН ЧЕЧИЛИШИ КЕРЕК”

- Кенжебек мырза, жазында Кыргызстанда ар кандай кооптуу жагдайлар тїзїлїп калышы мїмкїн деген жоромолдор айтылып келет. Ушундай болушу мїмкїнбї? - Биздин мамлекет башчыбыз баш болуп їчїнчї кїчтєр деп айтылып келе жатпайбы, аны ар ким ар кандай кабыл алат. Бирєєлєр ойлойт: Бакиевдер акча каржылап ар кандай иш-чараларды уюштурушу мїмкїн деп, айрымдары экстремисттик диний топтор десе, алардын ичинен коўшу мамлекеттерди же чоў держава єлкєлєрїн айтышат. Демек, Кыргызстандын мїмкїнчїлїгїн карап ошол эле Россия, АКШ, Кытай мамлекеттеринен салыштырмалуу тїрдє караганда коркунуч бар болушу мїмкїн. Президентибиз баш болуп аскердик жактан кїчтєнтїї маселесин карап, аскердик доктрина кабыл алды. Анткени, ар кайсы мамлекеттен инвесторлор келип чоў долбоорлор ишке ашып жатпайбы, эртеў бир нерсе болуп кетсе єзїбїздї-єзїбїз коргой ала тургандай мїмкїнчїлїк тїзїшїбїз керек. мамлекеттїїлїгїбїздї жоготпосок социалдык, экономикалык ж.б. маселелерибизди кийин чече турчу маселе. Биз ошол коопсуздукту сактоого жете турчу каржыны жана мамилени жеткиликтїї деўгээлде бєлє

элекпиз. Быйылкы жылы чек ара маселесин чечїїнїн аягына чыгарышыбыз керек. - Активдїїлїгїн кєрсєтїп келе жаткан жаштардын ишмердїїлїгїнє кандай баа бересиз? - Жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып жїргєндєй Кыргызстанда кєп жылдан бери саясатта айланчыктап жїргєн їч жїздєй саясатчынын єўї алмашып жаштардан келиши керектигин эл деле талап кылып калды. Мен дагы ушуга кошулам, бизде саясатчылардын мууну єзгєрїшї керек. Ал эми сиз айткандай жаштардан активдїїлїгї жана актуалдуу маселелерди кєтєрїп келе жаткандарына баам салып отурабыз. Алардын ичинен айырмаланып тургандардан Жеўиш Молдокматов, Мавлян Аскарбеков деген инилерибизди алсак болот. Алар коомдогу кєйгєйлїї маселелерди коркпостон кєтєрїп, алардын чечилишине тїрткї болуп келишїїдє. Эртеўки саясатчы ким дал ушундай жаштар. Биз мындай жаштарга бут тоспостон колдоо кєрсєтїп мїмкїнчїлїк тїзїп беришибиз керек. Анткени, алар єзїлєрї активдїї, єзїлєрї патриот деген маселе бар. Єзїлєрї келип эле саясатчы болуп кете албайт, муун алмашып турушу зарыл.

- Максат мырза, жазында єлкєдє ар кандай кырдаал тїзїлїшї мїмкїндїгїн айрымдар айтып жоромолдоп келишїїдє. Сиздин божомолуўуз боюнча кандай болушу мїмкїн? - Мындай жалпы жонунан алып караганда жакшынакай стабилдїї эле кетип бара жаткансыйт. Бирок, саясий айдыўда эл ойлогондой тынч эмес. Учурда коалиция ыдырайт деген кептер айтылууда. Эгерде коалиция ыдыраса єкмєт єзгєрїп кетиши мїмкїн. Єкмєттїн терс жактары туурасында шек санатып жаткан Кумтєр маселеси менен Ош шаарындагы бийик кабаттуу їйлєрдїн курулушундагы мыйзамсыз жагдайлардын кайсы єўїттє чечилет, ошонусуна жараша бир топ окуя болуп кетиши мїмкїн. Ошондуктан бардык иштер калыс жана акыйкаттык менен чечилиши керек. Туура жана акыйкаттык менен чечилсе, эч кандай єзгєрїїлєр, жагымсыз окуялар болбошу турган иш.

- Тїндїк-тїштїк деп бєлїнїїчїлїк саясатчылар ортосунда да абдан популярдуулгун жогото элек. Мындай кєрїнїштї кандай сыпаттаар элеўиз? - Мындай саясатчыларды чыккынчы саясатчылар деп айтаар элем. Андыктан бєлїнїп-жарылууну коюп, тынчтык, ынтымакка тырышып, стабилдїїлїктї сактаганга аракет жасашса єлкє жакшы эле болот деп ойлойм. Эгерде, ар бир саясатчы, ар бир партия єз кызыкчылыгын ойлой берсе, анда баардык кїтїлбєстїктєр болуп кетиши толук ыктымал. - Учурда саясатка жаўыдан аралашып келе жаткандарга кандай баа берет элеўиз? - Жаштардын кєп болгону жакшы. Бирок, алардын иш менен єзїн кєрсєтїшїн каалайт элем. Иштерман жаштарыбызды жергиликтїї жана аткаруу бийлигине кєбїрєєк аралаштырсак жакшы болот эле. Улукбек КУТМАНБАЕВ 10-январь, 2014-жыл


Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.