Месс медиа гүльнара на кырг яз

Page 1

РФгы КРнын эмгек мигранттарынын медиа - информациялык «талаасы»: суроолорду коюунун тажрыйбасы РФгы кыргызстандык мигранттардын медиа продуктуларынын аналитикалык изилдөөсүнүн контенти

Ибраева Гульнара ibraeva@gmail.com


Мазмуну Киришүү  Изилдөөнүн актуалдуулугу.  Изилдөөнүн максаты жана милдеттери.  Изилдөөнүн методдору. I-бап. Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн РФга КРнын эмгек мигранттары жөнүндө онлайн ресурстарынын ландшафты  Ким? Эмне? Кимге? Акторлордун, аудиториялардын жана мигранттар (үчүн) тематикалык медиа талаасынын классификациясы Глава 2. Миграция жөнүндө жана КРнын мигранттары үчүн да медиа дискурстар Тыянак жана сунуштар. Титулдук барактагы фотография «Кыргызы в Иркутске» ( («Одноклассниках» да) деген топтогу барактан «Питерские кыргызы» деген топто дубалдагы чийме-репродукция картиналар («В контакте») “Душевно!” деген түшүндүрмө менен. Тыянак жана сунуштар.

Миграциянын феноменинин өнүгүшүндө традициялык жана азыркы кездеги медианын ролу

МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


 Изилдөөнүн актуалдуулугу КРында уюктук байланыштын жана Интернеттин ургаал жана олуттуу киришинин шарттарында калктын ар кандай топторунун медиа пайдалануу маселеси аз изилденген зона болуп кала берүүдө. Эмгек миграциясын башка өлкөлөрдө изилдөө мигранттардын медиа пайдалануунун функционалдык аспектисинин көп жактуу экенин айтып турат. ММК адамдар билгендерге жана маанилүү деп эсептегендерге таасир берип эле жөн болбойт, бирдейликти колдоп эле жөн болбойт, бөтөнчө башка маданияттын курчоосундагы шарттарда, этникалык жана диндик бирдейликти колдоого жардам берип эле жөн болбойт, ошондой эле маанилүү толуктоочулук милдетти да аткарат. Аларга мигранттардын социалдык обочолонуучулугун жеңүүгө мүмкүндүк берет жана аралыкта социалдык тармактар менен байланыштарды жана мамилелерди кайра жандандырат. Мурдагы он жылдыктан айырмаланып, традициялык ММК пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрүн эле эмес, ошондой эле кыйла жылдар чет жерде жашоого мажбур болушкан эмгек мигранттары үчүн бүтүндөй бир социалдык тармактардын мүмкүнчүлүктөрүнүн диапазонун ачат. Алып айтсак, социалдык тармактар акторлордун санат жеткис көптүгүн ачат жана коммуникаторлордун элитардуулугун жокко чыгарат, ар кандай долбоорлорду конструкциялоону жана тандоону жана этникалык/диний бирдейликтин кайра өндүрүү механизмдерин ачат. Мындан тышкары, дал социалдык тармактар жана уюктук байланыштар аралыкта жүрүштурушту контролдоочу инструмент болуп калышат. Кыргызстандык бийкечтер жана аялдар, уюктук жана интернет байланышсыз традициялык патриархалдык үй-бүлөдөн чыкандар, ата-энелеринин уруксатысыз эмек мигранттары катары чет жакка бара албас эле. Изилдөөнүн максаты жана млдеттери Бул изилдөө Россия Федерациясында кыргызстандык эмгек мигранттарынын арасында медиа пайдалануу маселелерине арналган. Изилдөөнүн негизги милдеттери – төмөндөгү бир нече суроолорго жооп берүү:  РФдагы кыргызстандык эмгек мигранттары кайсы медиа каналдарды пайдаланышат?  Алар кандай маалымат алууну жакшы көрүшөт?  Медиа каналдарды табууну эмне аныктайт?  РФдагы КРнын эмгек мигранттарынын медиа керектөөлөрү кандай милдет аткарат? Изилдөөнүн методикасы Социалдык тармактарды Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын эмгек мигранттары пайдалануусу боюнча айрым россиянын МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


булактарынын барлыгына карабай, Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын медиа пайдалануу боюнча зондаждык изилдөөчү иш экенин билдирет. Бул иш мигранттар - Россиядагы мекендештерибиз - пайдаланган кол жеткен бардык медианы, традициялык ММК кошо, камтууга жасалган аракет болуп саналат. Мындан тышкары, респонденттер менен – Россиядагы кыргызстандык мигранттар менен – Россиянын 4 шаарында: Москвада, Екатеринбургда, Санк-Петербургда жана Казанда алган 20 интервьюнун натыйжалары пайдаланылды, анын жүрүшүндө мигранттарды кабардар кылган негизги каналдар билинди. Мигранттарга адрестелген жана популярдуулугу менен аларга белгилүү традициялуу ММК тандалып алынды, Россиядагы кыргыздардын диаспорасына жана “Кыргызстандын эл аралык конгресси жана Замандаш” Ассоциациясына” берилген суроолордун негизинде жүргүзүлдү. Мигранттар үчүн ММК жөнүндө маалыматтар да интернет издөөлөрдүн негизинде билинди (“Россиядагы кыргыздардын ММКын суроо,” Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын газета/журналдары). “Кыргыздар” деген этнонимди издөө боюнча “В контакте”, “Фейсбук” жана “Одноклассники” сыяктуу социалдык тармактардан анализ үчүн табылды. Тармактагы издөө боюнча жалпы коомдоштуктун саны 412 түздү. Алардын 10 да катышуучулардын саны 1000 адамдан ашык, 35де – катышуучулар 100дөн ашык, 100гө жакын коомдоштук 20 дан 100гө чейинки катышуучуну камтыйт.1 Россиядагы кыргызстандык мекендештерге адрестелген эң көп социалдык топту “Одноклассники.ру” сайтынан табууга болот, мында издөө үчүн “Кыргыздар Москвада”, “Кыргыздар Россияда”, “Кыргызы в России” деген сөздөрдүн комбинациясын колдонуу зарыл. Айрым учурда “кыргызы” деген сөздү терүү жетиштүү – болду, издөөчү ар кайсы шаарлардан ар кайсы варианттарды издөөчү өзү берет. Эң популяодуу информациялык сайттар жана беттер төмөнкүлөр блуп чыкты: «Кыргызы в Москве» (7290 - жазылгандар), «Боорсок.ру» (жазылгандар 2825), «Кыргызы в Екатеринбурге» (2283), «Кызыктуу Кыргызстан» (1426), «Бирге» Новости (1318), «Россиядагы Кыргыздар» (928), «Питерские Кыргызы» (880), «Кыргызы в Екатеринбурге» ???(360), «Кыргызы в Новосибирске» (188)i. Бул изилдөөдө анализ үчүн тандалып алынды – 7 бет «Одноклассники», 4 бет «В контакте», 4 бет «Фейсбукта». Изилдөөнүн жүрүшүндө төмөндөгү мезгилдик басылмалар табылды: «Трудовой мигрант в Татарстане (Казань ш.), газета «Мекен жаш (Мосва ш.)ii, информациялык портал «Боорсок.ру», ИА «Мигран», «Фергана.р», газета «Нур» (Москва ш.)iii, информациялык-оюн-зоок медиа портал «КОМУЗ.РФ.». Изилдөө учурунда бир катар ММК басылмаларына Интернеттен да, диаспоралык тармак аркылуу да жете албадык (Диаспора Кыргызстана «Деловая аудитория»журналы, «Российские кыргызы» газетасы+). МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


I-бап. РФ дагы кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн онлайн ресурстардын ландшафты Биздин мекендештерибизге – Россиядагы эмгек мигранттарына – кайсы медиа каналдар жеткиликтүү жана талап кылынары жөнүндө кайчы пикирлер бар. Анын себеби – жалпысынан КРда жана айрыкча мигранттарда медиа пайдалануу маселелеринин аз изилденгенинде. Бир жагынан, бир катар булактарда “этникалык баарлашуу үчүн Орто Азиядан келген мигранттардын орус тилиндеги социалдык тармактарды актвдүү падаланып жаткандыгы” баса көрсөтүлөт. Орус тилиндеги социалдык тармактардын мониторинги көрсөткөндөй, “кыргызстандык, өзбекстандык жана тажикстандык мигранттар этникалык баарлашууну уюштуруу үчүн социалдык тармактарды активдүү пайдаланышат. Жергиликтүү шартка көнүү үчүн, жана ал турсун кабыл алган россиянын коомчулугуна ассимиляциялашып кетүү үчүн; алардын көпчүлүгү Россияда узак убакытка калууну же туруктуу жашоону пландаштырышат”. Экинчи жагынан – акыркы беш жылдын ичинде РФнын территориясында мигранттардын жана мигранттар үчүн көп сандагы традициялык ММК иштей баштады. КРда кыргыз тилинде басылып чыккан традициялык ММК “мигранттардын каттарын” байма-бай жарыялап турушат, муну менен алар мигранттар атамекендик прессаны көз жаздымында калтырышпайт дегенди билдиргилери келет. КРнан жана ТРнан келген 20 эмгек мигранттарынан алган интервьюнун маалыматы, эмгек мигранттарынын орточо алганда экиден кем эмес медиа каналдарды пайдаланышарын, эки респондент гана медиадан алыс калгандыгын күбөлөндүрүп турат. Баарынан көп (11 респондент) блогосфера блогосфера – «Одноклассники», «В контакте», «Фейсбук» пайдаланылат. Кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар россиянын ММКсын көп пайдаланат, тажикстандык мигранттардын 9унун экөө гана жана кыргызстандыктардын 11нин үчөө гана мекенинен келген газеталарды окуурун, өз радиосун угаарын же ата мекендик информациялык сайттардан жаңылыктарды көрүшөрүн айтышты.

МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


Традициялуу ММКнын ичинен ТВ жана, барыдан мурда, ОРТ «Пусть говорят», «Жди меня» сыяктуу шоу-программалары, көркөм фильмдери жана “Вести” деген программсы менен ачыктан-ачык фаворит болуп калды.. Бир нече респондент (ТРнан 2 жана КРнын 1) россиянын бекер газеталарын үзбөй окушат. Алар метро станцияларында таркатылат (алардын ичинде «Петербургский дневник” жана «Метро газета» бар), же арзан деп эсептешкен газеталарды алып окушат («Вечерняя Москва», «АиФ"). Калктын өтө көп бөлүгүнө интернет-сайттар негизги жаңылыктарды жана ошону менен бирге жарнама мүнөзүндөгү (барыдан мурда эмгек мигранттарынын вакансиялары жөүндө) келген өлкөдөгү жана мигрант иштеп жана жашап жаткан өлкөдөгү маалыматтарды берет. Ошондой болсо да респонденттердин чоң тобу интернетти оюн-зоок видеоматериалдарды көрүү үчүн пайдаланышарын билдиришти, алып айтсак, «Камеди клаб» же музыкалык клипа «Ютуб»дагы музыкалык клиптер сыяктуулар, ж.б. Мигранттар үчүн – «Нур» жана «Трудовой мигрант», ошондой эле «Боорсок.ру» жана «Комуз.рф.» сайттары сыяктуу атайын чыгарылыштарды кыргызстандыктар сейрек аташты. Көп респонденттер диаспоранын турмушу, миграциялык мыйзамдар ж.б. нерселер жөнүндө маалыматтарга потенциалдуу кызыгууну билдиришти. Респонденттердин басымдуу көпчүлүгү өтө зарыл жана стратегиялык маанилүү маалыматтын бөлүгү аларга “ашканадан ашпаган” радио, тааныштары, туугандары, мекендештери аркылуу жетээрин билдиришти. Ким? Эмне? Кимге? Акторлордун, аудиториянын жана мигранттардын тематикалык медиа талаасы (үчүн) классификациясы Традициялык типтегиiv мигранттык ММКга «Трудовой мигрант в Татарстане» газетасы, коомдук-информациялык жана жарнамалык газета МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


«Нур Москва», бир аттуу радио жана информациялык-жарнамалык портал, информациялык-аналитикалык газета «Мекенчил Жаш» (Москва), жылтырак журнал «Деловая аудитория» кирет. «Трудовой мигрант в Татарстане» газетасы 2010-жылы ООО “Манастын” жана анын жетекчиси Закир Сариевдин жеке демилгеси менен “Сорос – Кыргызстан” фондусунун колдоосу алдында, РФгы КРынын мигранттарына консультативдик жана информациялык жардам берүү максатында чыккан. Ал үч айда 1 жолу чыгат жана бүткүл Россия боюнча таркатылат. Басылма маалыматында тиражы 999 нуска деп көрсөтүлгөн, миграциянын санына жараша алганда бул өтө аз, жада калса РФнын субьекттеринин биринин масштабында да информациялык жана консультативдик жардам көрсөтүүгө жөндөмсүз, бүткүл өлкөнүн масштабы жөнүндө айтпай эле коелу. Газета аксыз таркатылат жана коммерциялык ийгиликтүү өз алдынча ишкана болууну көздөгөн эмес, ал жарнама жарыялабайт. Басылма маалыматтарында редактордон тышкары басылманын же техникалык, же чыгармачылык кызматкерлери көрсөтүлгөн эмес, бир адамдын күчү менен чыгарылып жатканын көрсөтөт. Газетанын көлөмү (4 полоса) жана чыгышынын мезгилдүүлүгү бир редактордун ишине толук ылайык. Коомдук-информациялык жана жарнамалык газета «Нур Москва» 2009жылдын декабрынан бери КРнын меценат-ишкери Багыт Бапановдун колдоосу менен чыгып жатат. «Трудовой мигрант в Татарстане» газетасынан айырмаланып, москва газетасынын салыштырмалуу чоң тиражы бар – 10 миң нуска – жана 5 адамдан турган редколлегиясынын курамын көрсөтөт. Сыягы бул газетанын редакциясы акырындап конвергенттүү редакциянын форматына өтөт көрүнөт, анткени газетанын басылып чыгары менен “НурМосква” радиосу жана информциялык-жарнамалык портал негизделди. Жарнамалык негизде болуу менен газета Россиянын борборунда этнокызматтын сегментинде фокусталат. 2011-жылдан баштап Москвада информациялык-аналитикалык газета катары «Мекенчил Жаш» газетасы чыга баштады, анын ээси Бекботоева Н. Газетаны чыгарууда жалданма кызматчылар - башкы редактор (А. Алтымышева) жана 6 кызматкер иштейт. Газетанын тиражы 15 миң нуска деп көрсөтүлгөн, бул Кыргызстандын миграциялык коомдоштуктары үчүн эле эмес, ошондой эле мекениндеги кыргызстандык ММК үчүн да көп болуп саналат.v Газетанын чыгарылыш көрсөткүчүндө, медиа «Нур- Москва» газетасындагыдай эле, анын максаттары жана баалуулуктары декларацияланган эмес. Кыргыз диаспорасынын РФгы биринчи жана жылтырак журналы «Деловая аудитория». Ал 2012-жылы Москвада ишкер К.Осмонбеков тарабынан негизделген, жана өзүнүн элитардык аудиториясын так белгилейт -–«Ишкер адамдар үчүн ишкер журнал». Анын тиражы, мезгилдүүлүгү белгисиз, журналдын архиви жана актуалдуу номерлери онлайнда табылбады. “Одноклассники”де жана «Фейсбук»да жазылгандарга караганда, журнал жыл сайын ар кандай сфераларда: маданиятта, саясатта, бизнесте ж.б. МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


“Жылдын адамы” сыйлоо салтанатын өткөрөт. Бул салтанат журналдын өзүндө толук чагылдырылат. Ушул иш-чараны “документтештирүү” үчүн журнал жылына бир жолу чыгып жатышы толук мүмкүн. Региондо бир катар белгилүү медиа платформалар өздөрүн мигранттар үчүн жана мигранттар жөнүндө басылмалар катары билдиришет. Аларга «Мигрант.Фергана.Ру», «Информационный портал Боорсок» жана «Комуз.РФ» киришет. Информациялык ресурс «Мигрант. Фергана.Р» Россиядагы, негизинен Орто Азиядан келген мигранттардын проблемаларына арналган макалаларды басат. Веб-сайт беш бөлүмдөн турат жана көлөмдүү жаңылыктарды жана аналитикалык маалыматтарды камтыйт. Сайтта Россиянын миграциялык мыйзамдарынын өзгөрүүлөрүнө тийиштүү жаңылыктар, Россиянын ФМСнын региондордогу мигранттардын саны жөнүндө статистикалык маалыматтар, алардын кирешелеринин деңгээли жөнүндө, ошондой эле мигранттардын ар кандай проблемаларына, алсак, медицинага, билим алууга, легалдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө арналган макалалар жарыяланат. Сайтта “Интервью” деген рубрика бар, анда мигранттардын актуалдуу проблемалары жөнүндө ар кандай эксперттердин пикирлери менен таанышууга болот. “Письма читателей”, буга мигранттар өздөрүнүн укуктарынын бузулганына, же мүмкүнчүлүктөрүнүн кысылып жаткандыгына тийиштүү кайрылууларын же/жана дооматтарын жөнөтүшөт. Информациялык портал«Боорсок» мекениндеги жана чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга арналгандыгын кабарлайт. Порталда “Мыйзамдар” жана “Суроо – жооп” деген эки бөлүмчөсү бар “Миграция” деген рубрика жайгаштырылган. “”Мыйзамдар” бөлүмчөсүндө Россиядагы миграциялык мыйзамдарда өзгөртүүлөр же түзүүлөр жөнүндө жаңылыктар жарыяланат. “Суроо – жооп” бөлүмчөсүндө РФнын жана/же КРнын мамструктурасынын өкүлдөрү менен байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жаңылыктар орун алат. Веб-сайт «Комуз.Р» мигранттар үчүн информациялыкжарнамалык ресурс катары иштейт. Ал эмгек вакансиялары жөнүндө, кыска мөөнөттүк иштеп табуу мүмкүнчүлүктөр жөнүндө, медициналык кызмат көрсөтүүгө жетүү жана мигранттарга жан тарткан медициналык кызмат көрсөтүүнүн проваейдерлери жөнүндө, РФгы кыргызстандык мигранттар үчүн ар кандай юридикалык кызматтар жөнүндө өтө көп кулактандырууларды сунуш кылат. «Комуз.РФ» Москва шаарындагы КРнын Элчилигинин иш режими, жайгашкан орду жана контакттары жөнүндө жана КРнын РФгы башка консулдук мекемелери жөнүндө, ошондой эле КРнын РФгы диаспоралары жөнүндө маалыматтарды жарыялайт. Жаңылыктар бөлүмү Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын тасмасын жана РФнын миграциялык мыйзамдары жана андагы өзгзртүүлөр жөнүндө маалымат материалдарын сунуштайт. КРнын ЕАЭСке киргендиги менен байланыштуу жана РФгы КРнан келген мигранттарга карата режимдин өзгөргөндүгү жөнүндө маалымат бөтөнчө арбын. «Комуз.РФ»дагы “Мени күт” рубрикасы эмгек миграциясына кетип жана кандайдыр бир себептерге МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


байланыштуу мекени менен байланышын жоготкон туугандарын жана жакындарын табууга кыргызстандыктарга жардам берет. Мигранттардын блогосферасы өтө кенен жана көп жактуу, алардын көү интернеттин орус тилиндеги бөлүгүндө топтолгон: “В контакте”де, “Одноклассники”де.«Фейсбук»тун популярдуулугу аз; «Твиттер» иш жүзүндө таркалбайт. Блогдордун басымдуу көпчүлүгү мигранттардын этникалык статусуна басым жасайт жана мигранттар чөйрөсүндө улуттук бирдейликти кайра жандандырууга багытталгандыгын белгилей кетүү керек. Бирок “бириктирүүчү, улуттан жогорку”, эреже катары, мусулмандыкты сунуш кылган да блогдор бар. Кыргызстандыктардын блогдору кыргызстанцев в социальных сетях «В контакте»нин, «Фейсбук»тун жана «Одноклассники»нин социалдык тармактарында айрым адамдар тараптан – бирден үчкө чейинки адамдар тараптан - негизделген. Көп учурда администраторлор ойдон чыгарылган аттарды, кличкаларды айтышат («Кыргызы в Москве. Все сюда…» – админы «huligan v kedah, 23 лет, Бишкек ш.; Abdullah Ahi; «Кыргызы на Сахалине)», «администрируется человеком по кличке Мэка, 19 лет, Кыргызстан»); кээде реалдуу аттары жана фамилиялары көрсөтүлөт (Асель Мотуева, г. Талас – админ «Кыргызы в Екатеринбурге» и Asyl Suranov, Ilyas Abdyldaev, Elaman Djoomortov из г. Оша, Кыргызстан – админы «Кыргызы-на-Дону»), бирок администратор белгисиз калган беттери да бар. Кыргызстандыктардын блогосферасынын негизги көлөмүн жарнама мүнөзүндөгү публикациялар түзөт, барыдан мурда – рекруттук кулактандыруулар, вакансиялар жана ишке орношуунун шарттары, турак жайды арендалоо, транспорттук ташуу кызматтары, медицина кызаттары, микрокредиттөө кызматтары, баланы кароо кызматы ж.б. жөнүндөгү кулактандыруулар. Благосферада легалдуу иштин перспекивасы жана иш берүүчүнүн зомбулугунан коргоонуу менен байланышкан укуктук суроолор да көп козголот. Мезгилдик басылмалар РФнын миграциялык мыйзамдардын өзгөрүүлөрүнүн ннюанстары жөнүндө өтө көп кабарлашат. Блогосферарада маданий мүнөздөгү маалыматтар жана материалдар да сунушталат: кыргыздардын тарыхы, кыргыздардын же исламдык бирдейлик боюнча, мигранттардын бош убактысы боюнча. Иш жүзүндө бардык топтордо улуттук маданиятты, Мекени менен диаспоранын маданий байланышын колдоону активдүү трансляциялоо жүрөт. Бул жерде жаңылыктар активдүү талкууланат, Кыргызстандын тарыхы, традициялары жөнүндө билгендердин баары алдыга коюлат; контентте диндик тексттер жана аларга түшүндүрмө берүүлөр олуттуу орун ээлейт. Катышуучулар ичинде мини-чаттар көп пайдаланылат, лайкалар жакшы талап кылынат. МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


2-бап. Мигранттар жөнүндө жана КРнын мигранттары үчүн медиа дискурстар «Мигрант.Фергана.Ру» беттеринин анализи (2015-жылдын мартынан 2016жылдын мартына чейин) мигранттарга жана КРнан миграциялангандарга арналган 32 тандап алынган публикацияга негизделген. Гистограммада тандап алынган публикациялардын тематикалык спектри көрсөтүлгөндөй

Гистограммадан көрүнгөндөй, мигранттардын саны жөнүндөгү тема, миграциядан тапкан экономикалык пайданын маселелери, атап айтканда, мигранттардын үй-бүлөсүнө акча которуу, ошондой эле мигранттар үчүн ар кандай кызмат көрсөтүү маселелери абдан популярдуулук менен пайдаланылат. Бул маселелер мыйзамдарда өзгөрүүлөргө салыштырганда, ал турсун КРнын ЕАЭСке киришин талкуулоо мезгилинде жана биздин жарандарыбыз үчүн РФда миграциялык режимдин өзгөргөндүгүнө салыштырганга караганда да алда канча маанилүү катары бааланды. Сан жөнүндө жана акча которуу жөнүндөгү публикациялардын көпчүлүк бөлүгү 2015-жылга тийиштүү. Борбордук Азиядан жана КРнан келген мигранттардын санынын өзгөргөндүгү жөнүндө публикация 12, жана бир публикация гана 2016-жылга тийиштүү. Таких публикаций об изменении численности мигрантов из ЦА и КР обнаружено 12, 2015-жылкы публикациялар негизинен мартта, июлда жана августа чыкты, бул экономикалык кризистин, миграциялык режимдин катуулап турган учурун жана РФга миграциялык агымды жана миграциялык агымдын тартылышын контролдоо күчөгөн учурун чагылдырат. БАга РФнан акча которуунун санына жана көлөмүнө бөтөнчө кызыгууну бир факт чагылдырып турат: МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


сайтты негиздөөчү адам БАдан экенине карабай, бул медиа россия мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн иштегендигин ачык көрсөтүп турат. Россиядагы мигранттардын зыяны жөнүндөгү мифти ашкерелеген материалдар, россиянын чөйрөсүндө мигранттардын кабыл алынышын изилдөөлөр жана миграциянын чыгымдары жөнүндөгү публикациялар 2015жылдын аягында белгиленген. 13 материал “Хроника событий” деген рубрикадан маалымат берет, эки материал интервью жанры менен берилген (изилдөөчү Полетаевдин жана РФ ФМС жетекчиси Ромадановскийдин) жана 17 материал «Анализ ситуации» рубрикасынан. Тандап алынган публикациялардын баштамаларында негизинен нейтралдуу лексика колдонулат, төмөндөгүлөрдү башкасында: “Россия: КМШ өокөлөрүнө акча которуулардын көлөмү дээрлик жарымына түштү” жана “Мигранты “өздөрүндө” дарыланганды артык көрүшөт”. КМШ өлкөлөрүнө акча кооруунун көлөмүнүн кескин төмөндөшү жөнүндө публикация негизги себеп катары миграциялык режимди күчөтүү деп эсептейт, а рублдин девальвациясын – экинчи катрдагы себеп көрөт да, Россиянын экономикасындагы кризистик көрүнүштөргө дегеле маани беришпейт. Башкача айтканда, КМШ өлкөлөрүнүн мигранттарынын көз карашында алардын айлык акыларынын жана которууларынын кыскарышынын негативдүүлүгү чындыгында миграциялык контролдун жана регулировкалоонун эффектүүлүгүн жогорулатуунун натыйжасы катары сезилет. Мигранттардын “өздөрүнүн” жеке медициналык клиникаларына кайрылуунун артыкчылыгы жөнүндөгү публикация (башкача айтканда атайын мигранттар үчүн мигрант-мекендештеринин ичинен атайын түзүлгөн)ойлонуштурулуп жазылган. Ал себептик факторлорду обьективдүү анализдейт. Автордун вердикти – социалдык бөлүп таштоо, дискриминация мигранттарды аларга лоялдуу мекендештерине кайрылууга мажбурлайт. Бирок башталма, “өздөрүнүн” деген ат атоочтун тырмакчага алынганына карбай, өзүнөн өзү, бирок сөзсүз оппозицияны пайда кылат: “өзүбүз” – “чоочун”. Бул оппозициялык талаада мигранттар эки жактуу локализациялашат: чоочун катары да, анткени алардын “өздөрү” бар, көрүнүп турат “биздики эмес”, жана “биздикине” чоочундарга мамиле кылгандай мамиле кылышат. которые очевидно «не наши», и как те, кто относится к «нашим» как к чужим. КРнан келгендерди белгилөө үчүн төмөнкүдөй аныктама пайдаланылат: «(эмгек) мигранттары», «чет өлкөлүк жарандар», «чет өлкөлүктөр», МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


«кыргызстандыктар», «келгиндер»… Келген өлкөнүн калкы жалпыланып Россия деп аталат. БАдан келген мигранттар сайттын беттеринде өз “үнүнө” иш жүзүндө ээ эмес, албетте публикациялардын көбү алардын кызыкчылыгына жана талаптарына ылайык келиши мүмкүн. Информациялык портал «Комуз.РФ», сыягы, кыргызстандык мигранттар үчүн арналса керек, ал тематикалык спектрде да, публикациялардын башталмаларында да көрүнүп турат. Алсак, сайттан тандап алынган 10 публикациянын 8и Минск конвенциясынын түзүлүшүнө же КРнын ЕАЭС ке киришине байланыштуу окуучуларга РФгы миграциялык мыйзамдын тигил же бул өзгөрүүсүн түшүндүрүүнү максатым деп эсептейт. Эки публикация мигранттар үчүн РФнан иш табуунун оптималдык стратегияларын жана россиянын эмгек рыногунун коньюнктурасын түшүндүрүүгө багытталган. Публикациялардын аталыштары публицистүүлүгү менен айырмаланбайт, алар посланиялардын маңызын чагылдырат: “Кыргызстандын жарандарынын эмгекке укуктары”, “Миграциялык жана каттоо эсебинин жаңы системасы”, “Россияга келүү жабылып калган Кыргызстандын жарандары 20-июлдан баштап РФга кайтып келүү укугун алышат”... «Боорсок.Ру» сайтынын адресаты белгисиз: ал россиялыктар да, кыргызстандыктар да болушу мүмкүн. Негизинен сайттагы бардык публикация окуялардын хроникасынан. Анда КРнын Эмгек министрлиги “150 миңге жакын кыргызстандык Россиянын ФМСнын кара тизмесине түшүп калышы мүмкүн” экенин билдирет, же “Кыргызстандан келген мигранттар айдоочунун күбөлүгүнөн улам ишсиз калуу коркунучунда” экендигин кабарлайт, же “Кыргызстандык адамдан мажбурлап акча алгандыктары үчүн Россиянын полицейлери иштен бошотулгандыгы” маалымдалат. «Нур – Москва» (30.03.15 жана 24.05.15) эки тилде (кыргызча жана орусча) 25 материалды төмөнкү темаларга бириктирдиvi:

МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


Публикацияларда аракеттеги адамдар, жаңылыктардын акторлору (ньюсмейкерлер) катары көрсөтүлгөндөрдү изилдөө өтө кызык болуп эсептелет: алардын арасында бийлик адамдары, тарыхый адамдар, мигранттардын өздөрү, ошону менен бирге спортсмен-мигранттар, жана да россия бийлигинин өкүлдөрү бар.

«Трудовой мигрант» газетасы жалаң мигранттык мыйзамдардын өзгөрүшүнүн маселелерине арналган. Ошол эле учурда басылмада редакциялык макала бар – Россиянын ФМСынын директоруна кайрылуусу басылган, анда эмгек мигрантынын өзгөчө “эксперимент”-аракетин сүрөттөөсү – дайындалган 30 суткада өзүнүн статусун легалдаштыруу жана бардык коррупциялык механизмдерди жана чыгымдарды, ошондой эле бюрократтык тоскоолдуктарды демонстрациялоо басылган.

МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


???? «Мекенчил Жаш» газетасы изилдөө үчүн төмөнкү публикацияларды сунуш кылдыvii:

Функционалдык жактан башка медиалык кубулуш – кыргызстандыктардын блогдорунун мазмуну социалдык тармактарда. Блогосферанын негизги функцияларынын анализи көрсөттү, блогдорду түзүүнүн жана кийрүүнүн негизги мотивдери болуп төмөнкүдөр эсептелет:  «коомдоштуктардын беттеринде графикалык, аудио-жана видеоконтенттин презетациясы аркылуу улуттук маданиятты трансляциялоо;  тасманын активдүүлүгүнүн, топтордо жана коомдоштуктарда баарлашуусу аркылуу улуттук тилдик компетенцияны сактоо;  улуттук офлайн-коомдоштуктардын ишмердигин координациялоо жана маданий-улуттук иш-чараларды, диний майрамдарды анонстоо;  маданий адаптация жагында жана укуктук легалдашуу, ишке орношуу, жумушчу колдорунун рекрутинг жагында жардам көрсөтүү;  диаспоранын тарыхый мекени менен маданий байланыштарын колдоо, улуттук жаңылык берүүлөрүн трансляциялоо;  Мекендештерди эмоционалдык жактан колдоо жана этникалык тилектештикти көрсөтүү». Изилдөөчү И.В.Гужова белгилегендей, «улуттук бирдейликти түшүндүрүүнүн жана өнүктүрөөнүн эң таркалган ыкмасынын ичинен труппалык баалуулуктарга апелляция жасоону (Исламдын баалуулуктары, улууну сыйлоо, үй-бүлө баалуулуктары), эмоционалдык образдарды (мекенчилдик, көркөм образ ж.б.), белгилүү тарыхый сюжеттерди (ошонун ичинде өткөн советтик турмушка апелляция жасоо), улуттук символикаларды жана ритуалдарды (улуттук орнамент, костюм, майрамдар, тамак), ошону менен бирге Мекендин табиятына суктанууну (фотографиялар, сүрөтчүлөрдүн картиналарынын репродукциялары) белгилөөгө болот. МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


Диний-нравалык тематикага посттор дээрлик анализ жасалжасалган блогдордун баарында кездешсе да, ларан негизги эмес жана агрессивдүү ишендирүүдөн, Исламдын айрыкча экендигин таңуулоодон демейде алыс. Ошону менен эле бирге , изилдөөнүн пикири боюнча,”россиянын социалдык тармактарынын күзгүсүндө мигранттын виртуалдуу этноулуттук бирдейлиги”, мусулмандык дискурс (кыргызстандык виртуалдык этнокоомдоштуктарда көрсөтүлгөндөр чектелүү) кыйла комплекстүү, структуралашкан жана уюмдашкан болуп саналат, атайын динийтематикалык топ түзгөнгө чейин. Алып айтсак, изилдөө “В Контакте”нин социалдык тармагында мисал катары “Мусулман аялдын күндөлүгүнүн” айрым барактарынан келтирет, ал тармакка 242 278 миң адам жазылган жана негизинен мусулман аялдын туура жүрүш-турушу жөнүндө акылнасааттарды камтыйт. Этникалык бирдейликтин индивидуалдык долбоорунун спецификасы алардын курагы, коомчулукту түзүүдөгү максаттары жана топту жетектөө процессине жасаган мамилесиндеги модераторлордун “этнопосланиелеринин” өзгөчөлүгүнөн көрүнөт. Иргелген блогдордун көп бөлүгү жаштарга багытталган, ошондуктан алардын модераторлору жана катышуучулары үчүн милдет “көп-көп жолугушуп, улуттук майрамдарга катышуудан, улуттук кино индустриянын жана Кыргызстандын музыкалык маданиятынын жаңылыктарын билип туруудан көрүү болуп саналат»viii. Демейде модераторлор уникалдуу контент түзүшпөйт, алар көп учурда башка виртуалдуу этнокоомдоштуктан репостторду, “Рунетанын” ресурстарынан жана Кыргызстандын интернетмейкиндигинен жасашат. Иргелген блогдордун ичинен өзүнүн гендердик бөтөнчөлүгү менен «Кыргызы в Екатеринбурге» бөлүнүп турат. Бул кыз модераторлук кылган жападан жалгыз популярдуу этноблог (2283 адам жазылган). Мында кыргыз эркектеринин жана аялдарынын идеалдарынын темасы кызыл сызык менен өтөт. Электричканын жолуна түшүп кеткен аялды сактап калган мекендеш Марат Исаевдин эрдигине публикциялардын бүтүндөй бир сериясы арналган. “Турмуш” маалымат агенттигинин репостунун айланасындагы Талас областынын эркектери мектепти бүткөндүктүн 10 жылдык мааракесинде жыргап-чардап олтуруунун ордуна көп балалуу жесир аялга үй куруп бергендиги жөнүндө дискуссия жана кыргызстандык мигранттардын ичинен “мекенчилдердин” адресине айтылган сын публикациялар – алар башка улуттун жигиттери менен жолугушкан мекендеш кыздарга зомбулук көрсөтүшкөндөрү жөнүндө публикациялар кеңири таралды. “Кыргыз аялынын сулуулугунун тарыхынын” видеосунун тегерегинде (“Лимон” газетасынын сайтынан алынган) да кызыктуу талаш-тартыштар жүрдү.

МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


Ар кандай блогдорду пайдаланышаарын информаторлор көрсөттү: «Жердеш.ру», «Бирге.ру», «Сахна.ру» , «Боорсок.ру», «Ишкер.ру». Блогдордун ортосундагы айырма – аталыштардын өзүндө, слогандарда, логотиптерде жана тексттик-графикалык контентте, посттордун жанрларында, тематикасы, олуттуулугу /юморду колдонуудагы/ жана талкууга тартылгандыгынын даражасында – жетишерлик арбын жана мигранттардын ар кандай топторуна алардын баарлашуу кырдаалын аныктоо жана жакыныраак фреймге биригүү . Тыянактар  Мигранттардын традициялуу басылма медиасы негизинен мигранттардын өздөрүнүн күчү менен басылып чыгат жана басылмалардын жарнамалык функцияларынын активдүү киришүүсү аркылуу рыноктук ийгиликке жетүүгө аракет кылышат.  Финансы ресурстары менен камсыз болбогондук басылмалардын чыгуу мезгилин жана басылып чыгууну токтотуу коркунучун шарттайт.  Басылмалардын тиражынын аздыгы жана маркетингдик стратегиянын жоктугу (адрестин так көрсөтүлүшүн кошо алганда) бул ММКнын өнүгүшү үчүнобьективдүү тоскоолдук болушу мүмкүн. Алардын, эреже катары, салыштырмалуу чектелген “жүрүшү” бар жана электрондук форматка ээ эмес. Басылма ММКнын тиражына салыштырганга караганда акыркы факт чоң мааниге ээ: мигранттардын интервьюларына караганда, маалыматтын жана коммуникациянын ыңгайлуу каражаты алар үчүн интернет болуп саналат окшойт.  “Технологиялык артыкчылык” жагынан алганда жалгыз медиа «НурМосква»ны атаса болот, ал, барыдан мурда, конвергенттүү редакция катары ойлонуштурулган, жарыкка газетаны, радио жана информациялык сайтты чыгаруу үчүн. Ошого карабай, ушул редакцияда да чыккан газеталардын жана радиоматериалдардын архиви кол жеткис.  Газеталар, эреже катары, даана фокуска ээ эмес – алар «универсал» окуучуга эсептелген: айрым басылмаларда түз эле россиялык жарандарга (бийликтеги) кайрылган публикациялар бар; Кыргызстандын расмий медиасынын духундагы публикацияларды да көрөбүз, алар мамлекеттин негизги саясатчыларынын ишмердигине багытталган. Мындан тышкары, конкреттүү локалдык мигранттык коомдошторго кайрылган, көп учурда сунуш кылынган кызматтарга байланыштуу, публикациялар кездешет.  Газеталардан айырмаланып, блогосфера локалдык коомдоштукка так багыты бар, өзүнүн аудиториясынын өзгөчөлүгүн түшүнүүгө жана элестетүүгө аракет кылат. Ушул максат менен көп учурда конкрет темалар боюнча блиц суроолор пайдаланылат: жарыянын кайсы МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


жээгинде ким жашайт же ким Кыргызстандын кайсы регионунан келди же пайдалануучулар кайсы блогду көп карайт ж.б. Басылмалардын так мезгилдүүлүгү жана ыкчамдуулугу жоктугуна карабай, окуялуу публикациялар жарымынан тартып, аянттын төрттөн үчүн ээлейт. Анын көп бөлүгү мыйзамдагы өзгөрүүлөргө арналган. Мигранттык коомдоштук кызыктуу жана керектүү катары каралган публикациялар, - спорт, улуттук маданият жана диаспоралардын иштери жөнүндөгү материалдар. Медиа көлөмүнүн маанилүү бөлүгү болуп жарнама саналат: айрым учурлдарда ал үчүнчү бөлүгүн ээлейт. Маанилүү орунду мигранттар үчүн “этно” кызматтар ээлейт (алсак, этникалык стилде ритуалдык ишчараларды өткөрүү, КРнан келген улуттук азык-түлүктөрдү жана товарларды коюу). Актуалдуу медиа керектөөгө, барыдан мурда, чет жердеги жашоонун жана иштөөнүн шарттары (бөлүнүп калуу жана жетишегендик), жат маданияттын курчоосунда калгандык, ошондой эле миграцияга чейинки билим статустары жана медиа керектөөнүн традицияларынын таасири тиет көрүнөт. Чыныгы изилдөө жана медиа керектөөнүн башка өлчөмдөрү көргөзгөндөй, кыргызстандык мигранттар көбүнчө россиянын ТВ карашат, барыдан мурда оюн-зоок мунөзүндөгүлөрүн, ал эми (этникалык) бирдейликти жана башка маданиятка сүңгүүдөгү компенсацияны блогосфера аткарат. Блогосферада таасир берүүнүн абсолюттук лидери жок, ал мигранттарга ар кандай “фреймдерди” сунуш кылып, олуттуу түрдө варьирлешет. Фреймирлөө модераторлордун капиталы жана кызыкчылыгы менен шартташкан. Блогдордун басымдуу бөлүгүндө мигранттар үчүн маанилүү кулактандыруулар жана жарнамалар ийгиликтүү айкашат (вакансиялар, турак жай, документтештирүү, медициналык кызматтар ж.б.), коомдоштордун жаңылыктары жана мекендин жаңылыктары (маалымат агенттиктеринин же газеталарынын жаңылык тасмасынын репостору). Баса, мекенинен оперативдүү жаңылыктарды мигранттар, эреже катары, уюктук байланыш боюнча же скайп боюнча Кыргызстандагы туугандары жана жакындары аркылуу алышат.

МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


i

Белгилеп кетүү маанилүү, көп сайттар бир эле учурда ар кандай тармактарда беттерге ээ. Алсак, «Бирге Новости» «Одноклассники»де да, и «В контакте»де да, жана «Фейсбук»та да, жана «Твиттер»де да чыгат. Бул тизмеде таза жарнамалык сайттар эске алынбайт (мисалы, «Жердеш.ру», «Бирге.ру»), булардын он миңдеген жазылуучулары бар. ii Казандан чыккан «Трудовой мигрант» газетасы жана Москвадан чыккан «Мекенчил Жаш» бир жолку басылышы менен гана чектелди. Кийин бул газеталар чыктыбы жана азыр чыгып жатабы – маалымат жок. iii Онлайн мейкиндигинде бир аталыштагы радионун иштеши көрсөтүлгөн, бирок анын материалдарына жетүүгө мүмкүндүк болбоду. iv Онлайн ресурстарда табылган же интернетке шилтеме берилген ММК көрсөтүлгөн. v Мисалы, КРдагы кыргыз тилдүү газеталардын орточо тиражы 10 миңден ашык эмес, алардын көпчүлүгү 5 миң нускадан ашпайт. Салыштыруу үчүн: . 2015-жылы кытай инвесторлору негиздеген «Шелковый путь» газетасы эки өлкөдө таркалат жана ал дагы 15 миң тираждуу. КРгы улуттук масштабдагы 7 басылма гана 15 миңден ашык тиражга ээ. vi ВОВ жөнүндөгү материалдар Жеңиш Күнүнүн 70 жылдыгы жакындап келатканына байланыштуу бөтөнчө россиянын ММКда, ошондой эле мурдагы советтик республикалардын ММКда абдан активдүү жарыяланды. vii Маданият жөнүндө публикациялардын көптүгү “КРнын РФгы күндөрүн”чагылдыруу менен шартталган. viii Булак көрсөтүл.

МЕДИЙНО - ИНФОРМАЦИОННОЕ «ПОЛЕ» ТРУДОВОГО МИГРАНТА ИЗ КР В РФ: ОПЫТ ПОСТАНОВКИ ВОПРОСОВ

ИБРАЕВА ГУЛЬНАРА


Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.