Bible vs Quran

Page 1

МАЗМУНУ: БИРИНЧИ БӨЛҮМ АДАМ АДАМ АЙБАНАТТАРГА АТ КОЕТ -8 ШАЙТАНДЫН КҮНӨӨСҮ АДАМДЫН КҮНӨӨСҮ КАБЫЛ ЖАНА АБЫЛ НУХ НУХ ЖАНА ТОПОН СУУ АЮБ АЮБДУН АЗАП ЧЕККЕНИ ЫБРАЙЫМ ЫБРАЙЫМ ЖАНА АНЫН АТАСЫ ЫБРАЙЫМ МЕНЕН КЕЛИШИМ ЫБРАЙЫМ МАМРДА КУДАЙДЫ ЖОЛУКТУРАТ ЛОТТУН МИССИЯСЫ ЫБРАЙЫМ УУЛУН КУРМАНЫДККА АЛЫП КЕЛЕТ ЖУСУП ЖУСУПТУ АГАЛАРЫ ЖЕК КӨРҮШӨТ ПОТИФАРДЫН АЯЛЫ ЖУСУП КАМАКТА ЖУСУП ЖАНА ФАРАОН ЖУСУП ЖАНА БИР-ТУУГАНДАРЫ ЖУСУП ЖАНА АТАСЫ МУСА МУСАНЫН ТӨРӨЛҮШҮ МУСАНЫН КҮНӨӨСҮ МИСИРДЕН КАЧЫШЫ - 111 МУСА ЖАНА БАДАЛДАГЫ ОТ МУСА ЖАНА ФАРАОН ФАРАОН МУСАНЫ ӨЛТҮРӨМ ДЕП КОРКУТАТ МУСА ДЕӉИЗДИ ЭКИГЕ БӨЛӨТ МУСАНЫН АСКАНЫ ЧАПКАНЫ ЫСРАЙЫЛ ЭЛИ КУДАЙДЫ КӨРГҮСҮ КЕЛЕТ МУСА ЖАНА АЛТЫН МУЗОО

-7 -9 - 14 - 20 - 23 - 26 - 29 - 30 - 40 - 43 - 45 - 47 - 51 - 60 - 67 - 69 - 73 - 78 - 81 - 88 - 103 - 107 - 107 - 115 - 123 - 131 - 135 - 137 - 141 - 143 1


МУСА КУДАЙДЫН ДАӉКЫН КӨРӨТ ЭЛ ХАНААНГА КИРГИСИ КЕЛБЕЙТ КОРАКТЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ ДӨӨТ ГИДЕОН, САБЫЛ ЖАНА ДӨӨТ ДӨӨТ ЖАНА БАТ-ШЕБА СУЛАЙМАН СУЛАЙМАНДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ СУЛАЙМАН ЖАНА ШЕБАЛЫК ХАНЫША ЖУНУС ЖУНУСТУН ОКУЯСЫ ЖЕЗЕКИЕЛ ЖЕЗЕКИЕЛ ЖАНА СӨӨКТӨР КУДАЙДЫН АДАМДАРЫ КУДАЙДЫН ӨЗ АДАМДАРЫНА МАМИЛЕСИ ЫЙСА ТӨРӨЛҮҮСҮ ЖАНА МАРИЯМДЫН ӨМҮРҮ ЖАКАНДЫН АТАСЫ ЫЙСАНЫН ЖАШ ЧАГЫ ЫЙСАНЫН ӨЛҮМҮ ЫЙСАНЫН КУДАЙ ЭКЕНДИГИ КУДАЙДЫН УУЛУ ТӨӨ ЖАНА ИЙНЕНИН ТЕШИГИ ЫЙСА СООРОТУУЧУ ТУУРАЛУУ АЙТКАН

- 148 - 150 - 155 - 161 - 162 - 170 - 176 - 176 - 182 - 186 - 186 - 191 - 191 - 195 - 195 - 198 - 198 - 207 - 211 - 218 - 223 - 232 - 238 - 240

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ ЫЙЫК СОГУШ (ДЖИХАД) СОГУШ, ЭВРЕЙЛЕР ЖАНА МАШАЙАКЧЫЛАР, АЛЛАХКА ИШЕНБЕГЕНДЕР ҮЧҮН ЖАЗА - 245 ЖИНДЕР МЕККЕ АНТ БЕЙИШ НАКЫЛ СӨЗДӨР ЖЕТИ КАБАТ АСМАН 2

- 245

- 258 - 261 - 272 - 276 - 285 - 299


МУХАММЕД ЫЙЫК КИТЕП

- 303 - 308

Кириш сөз Акыркы бир нече жылдан бери Куранды изилдеп келдим. Тез өнүгүп келе жаткан диндердин бири Ислам абдан талкууга алынган, талаш тартышты туудурган дин. Акыркы 60 жылдан бери мусулмандар менен иудейлер, христиандар арасында көптөгөн конфликтер болуп келе жатат. Көптөгөн белгилүү адамдар, европалыктар, америкалыктар бул динди кабыл алып жатышат. Ислам окумуштуулары бул дин акыркы туура дин жана дүйнөлүк халифат орнолушу керек дешет, Куран чыныгы Кудай сөзү дешет. Мусулман болгусу келген адамга мен Куранды да Библияны да салыштырып окуп көрүшүн сунуш кылам. Куранда Библияда жазылган нерселер баяндалат, жана бул нерселер салыштырылышы керек, окшоштуктар жана айырмачылыктар бар. Мен бул китепте ушул маселени ишке ашырууга аракет кылдым жана мунун жардамы менен окурман эки китептин келип чыгышын биле алат, чындыкты таба алат деп ойлойм. Ошондой эле Жаӊыосуяттык апокрифтерден да мен мисалдарды келтирдим, бул апокрифтер негизги библиялык канонго кирбей калган себеби бар, ошол себептерди билсе болот. Ошондой эле ушул апокрифтердин натыйжасында кээ бир христиандык агымдар да пайда болгон.

3


Аргументтер жана фактылар Ислам окумуштууларынын Аргументтери: 1. Мухаммедтин келиши Эски жана Жаӊы осуятта айтылган. 2. Акыркы пайгамбардын - Мухаммедтин келиши иудейлердин жана христиандардын жашыруун китептеринде бар дешет. 3. Мухаммед Ыйсаны жана Мариамды Жаӊы осуятта жазылгандай эле даӊтады. 4. Ыйса Ысрайыл элине гана жиберилген, ал эми Мухаммед бүткүл адамзатка келген. 5. Библия толугу менен өзгөтүлгөн, ошондуктан Куран өзгөрүлгөн эмес Кудайдын сөзү. 6. Мухаммеддин жакшы адам катары (жеткилеӊ) жашоосу тууралуу жазган адамдар негизинен аттуу-баштуу адамдар эле, ошондуктан алардын жазгандары жакшы кабыл алынган. Ал эми Жаӊы осуятты жалпыга таанымал болбогон адамдар жазышкан, ошондуктан аларга ишенүү кыйын. 7. Илимге эми гана белгилүү болуп жаткан жаратылыш, адамдын табияты, жаралуу тууралуу фактылар эбак эле Куранда бар болгон. 8. Кудай Куранды Мухаммедке Джебреил периште аркылуу берген.

Библиянын фактылары: 1. Мухаммеддин келиши Эски жана Жаӊы осуяята жазылган деген спекуляция тууралуу - Библиядагы бул үзүндүлөр туура эмес чечмеленип калган: Муса Ыйрайыл элине келе турган кийинки пайгамбар тууралуу айткан, Жаӊы осуятта болсо - Ыйса Ыйык Рух тууралуу айткан, Ал асманга көтөрүлүп кеткенден кийин апостолдорго жана ишенгендерге келе турган Рух тууралуу айткан, Аны Иэрусалимде күткүлө деп айтылган. Бул пайгамбарчылык (убада) Элүүнчү күн майрамында ишке ашкан 2. Христиан дини Канондук жазуулардын жыйнагы Библияга негизделген, ал эми көптөгөн Апокрифтик текстер негиз боло албайт, анткени алар Библияга карама каршы келет. 3. Мухаммед өзүнүн миссиясын ага чейин болгон бардык пайгамбарлардан эӊ эле жогору даражага коюп өзүн даӊктаган, өзүн «пайгамбарлардын 4


(акыркы) мөөрү» деп. Ал эми Ыйык Рух Ыйсаны даӊктап жатат: Ал Кудайдын Уулу, жалгыз Куткаруучу, Анын экинчи келүүсүн бардык христиандар күтүп жатышат, Андан кийин эч кандай башка пайгамбар келбейт. 4. Христиан дининин таралышынын тарыхы жана Библиядагы аяттар менен Ыйса бул бардык элдердин Куткаруучусу деп далилдеди. 5. 1500 жыл аралыгында, 40 авторлор тарабынан 66 китеп жазылган, бирок китептердин көптүгүнө карабастан бул жерде ачык айкын куткарылуу жолу көрүнүп турат. Бул жакта карамакаршылыктар жок, мындай көп сандаган китептерде карама-каршылыктар болушу керек эле да, бирок - жок. Ушундан улам биз Библия Кудайдын жетеги менен жазылганын билсек болот. Ар бир автор Кудайдын мүнөзүн окшош түрдө сүрөттөгөн, ошондой эле куткарылуу жолу да окшош, күнөөсү жок жаныбардын каны аркылуу, бул Куткаруучу (Машайак) тууралуу айтылган, бардык Ага ишенген адам куткарыла алат. Бардык адамдар күнөөкөр, ошондкутан куткарылуу үчүн ушулар кылынган. Башталыш китебинин үчүнчү бөлүмүнөн баштап: Кудай Өзү күнөөкөр Адам ата менен Обо эненин күнөөсү үчүн күнөөсү жок козуну курман кылган, алардын жылаӊач денесин жабыш үчүн, ушул нерсе Библиянын акыркы китеби Аян китебине чейин кайталанып келет. Аян китебинде Кудайдын Козусу - Машайак адамзаттын күнөөсү үчүн курмандык болду. 6. Библия муну айтат: адам туруктуу эмес, күнөөкөр, жүрөгү бузук; жалгыз гана Кудай туруктуу, Ал эч качан өзгөрбөйт, Ал убадасын аткарат, ошондуктан Ага гана үчүт кылуу керек. Көптөгөн пайгамбарлар, падышалар, соттор жана апостолдор, Кудай тарабынан чакырылгандар эле, бирок алар атуу-баштуу үй-бүлөөдөн эмес эле, ошондой эле жада калса Кудайга кызмат кылып жатканда да жаман иштерди кылып, жаман атка калышкандары да бар эле. Бирөөнүн энеси бузуку аял болгон, башкаларды дага эӊ жаман бузуку иштерге да барышкан, жана башка туура эмес иштерди кылышкан. Бирок ошого карабастан, алардын кулаганына карабастан Кудай аларды колдонду, бул адамдар башкалардан эч нерсеси менен айырмаланган эмес, ал эми Кудай аларды Өз даӊкы үчүн колдонду. Экинчи Корунттуктарга жазылган катта Пабылга айткандай: «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот». Биз адамдардын айткандарына дайыма эле ишене бербейбиз, мейли ал адам эӊ эле сыйлуу адам болсо дагы, ал эми айтылган нерсе Кудайдын Өзүнөн болсо анда иш башкача. 7. Библияда көптөгөн илимий ачылыштардын фактылары бар. Мисалы, жердин формасы тууралуу, жер бош мейкиндикте айланып турганы (буга 5


карама каршы келген: илгери жер түз, жалпак, ал киттердин же пилдердин үстүндө бекип турат деген сыяктуу). Ошондой эле «буу эффекти» (“парникового эффект”) тууралуу да маалымат бар, бул кубулуш жердеги өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын зор өсүп өнүгүшүнө таасир эткен, динозаврлар тууралуу да сүрөтөөлөр табылат. Ошондуктан Куран гана мындай экскюзивдүү илимий ачылыштарга ээ деп айтуу туура эмес, же Куданда гана чындык бар, ал Библияга караганда «ыйыгыраак» деген да туура эмес. 8. Көптөгөн пайгамбарлар ачылыштарды Кудайдын Өзүнөн алчу (ортомчусу жок эле). Ыбрайым, Муса, Жунус жана башкалар Кудайдын Өзү менен баарлашчу (ортомчу жок). Ыйса Атасы менен Өзү сүйлөшчү, ал эми Мухаммед эч качан Кудайдын бар болуусун өзү таанып биле алган эмес, ал ортомчу-периште аркылуу баарлашкан.

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

6


“БИБЛИЯНЫН УЛУУ ИНСАНДАРЫ” БӨЛҮМ 1 АДАМ

КУРАН “АДАМ АЙБАНАТТАРГА АТ КОЕТ” СҮРӨ 2 БАКАРА 30. РаббиӉ периштелерге: «Мен жер бетине халифа - орун басар жаратууну каалаймын» дегенде, периштелер айтышты: «Сен ал жерде кан төгүп, бузукулуктарды жасай тургандарды жаратасыӉбы?! Өзүбүз Сени даӉазалап, аруулап (сыйынып) жүрөлүк?» Аллах «Мен силер билбеген нерсени билемин» - деди. 31. Жана (Аллах) Адамга бардык нерселердин ысымдарын үйрөттү дагы, аларды периштелерге көргөзүп, «Эгер чынчыл болсоӊор, ушул нерселердин ысымдарын Мага айтып бергиле» - деди. 32. (Периштелер) Айтты: «(О, Рабби! Сен бардык кемчилдиктен) АрууТазасыӊ! Бизде илим жок. Болгону, Өзүӊ үйрөткөн нерселерди гана билебиз. А, Сен болсо, Билүүчү, Даанышмансыӊ. 33. Аллах: «О, Адам, аларга (Мен үйрөткөн) нерселердин ысымдарын айт» деди. (Адам) аларга нерселердин ысымдарын айтып берген соӊ, (Аллах) айтты: «Силерге «Мен жер жана асмандардагы (силер билбеген) кайыпты билемин жана силер ашкере кылган нерсени да, ичиӊерге жашырган нерсени да билемин» деп айтпадым беле!».

БИБЛИЯ “АДАМ АЙБАНАТТАРГА АТ КОЕТ” БАШТАЛЫШ 7


БӨЛҮМ 1 26. Анан Кудай мындай деди: «Биздин бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын». 27. Ошентип, Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты. 28. Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарларга бийлик кылгыла». БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 2 18. Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Адамга жалгыз болуу жакшы эмес, ага ылайык жардамчыны жараталы». 19. Кудай-Теңир топурактан талаа жаныбарларын, асман канаттууларын жаратып, аларды кандай атай тургандыгын көрүү үчүн, адамга алып келди. Ар кандай тирүү жанга ал кандай ат койсо, анын аты ошондой болду. 20. Адам бардык малдарга: асман канаттууларына, талаа жаныбарларына ат койду, бирок ага ылайык жардамчы табылбады. КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Жаратууда Периштелер Адам менен Обого караганда алдаганча өйдөкү даражада турушат 2. Периштелерди шылдыӊ кылыш үчүн Кудай Өзү жашыруун түрдө Адамдга жаныбарлардын ысымдарын үйрөттү.

БИБЛИЯДА: 1. Адам Кудайдын жалгыз жага эӊ жогорку даражадагы жаратылганы болду, анткени адамды гана Кудай Өз бейнеси боюнча, Өзүнө окшоштуруп жаратты! 8


2. Кудай Адамга бардык жараткандарын алып келди: «...аларды кандай атай тургандыгын көрүү үчүн, адамга алып келди. Ар кандай тирүү жанга ал кандай ат койсо, анын аты ошондой болду...». Адам биринчи өз тапшырмасын эӊ жакшы аткарды, жана бул жерге периштелердин эч кандай тиешеси жок!

КУРАН “ШАЙТАНДЫН КҮНӨӨСҮ” СҮРӨ 2 БАКАРА 34. Эстегиле, Биз периштелерге «Адамга сажда кылгыла» дегенде, дароо сажда кылышты. Бир ган Иблис (шайтан) баш тартып, моюн толгоду жана каапырлардан болду. СҮРӨ 7 А’РАФ 11. Биз силерди жаратып, келбет-сүрөт бердик. Кийин Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла!» дегенибизде, баары сажда кылышты. Бир гана Иблис сажда кылуучулардан болбоду. 12. Аллах айтты: «Мен буюрганда сажда кылуудан сени эмне коктотту?!» Ал айтты: «Мен андан жакшымын. Сен мени оттон, аны болсо ылайдан жараткансыӊ». 13. Аллах айтты: «Анда Бейиштен чык! Сага мында текеберленип жүрүү мүмкүн эмес! Чык эми! Сен кор болуучулардансыӊ!».

СҮРӨ 15 XИЖP 28. ...бир кезде Раббиӊ периштелерге: «Мен чалчык ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын. 9


29. Качан аны жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө ага сажда кылып жыгылгыла» - деди. 30. Бардык периштелер сажда кылышты. 32. Аллах: «О, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуӊ?!» деди. 33. Мен адамга сажда кылбаймын! Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттыӊ» - деди. 34. Аллах айтты: «Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдыӊ! 35. Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!» 36. Иблис айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө чейин мөөнөт бер!». 37. Аллах айтты: «Сен мөөнөт берилгендерден болдуӊ. 38. белгилүү убакытка чейин». 39. Иблис айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганыӊ үчүн мен аларга жердегилерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын! 40. Алардын арасынан ыкластуу пенделериӊден башкасын. СҮРӨ 17 ИСРАА 61. Бир кезде Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла!» дедик. Иблистен башка баары сажда кылышты. Иблис болсо: «Ылайдан жараткан нерсеӉе сажда кылат бекемин» - деди. 62. Ал дагы мындай деди: «Айтчы, мага, менден улук кылганыӊ (Адам) ушулбу?! Эгер мени Кыямат күнгө чейин кечиктирсеӊ, анын бардык урпактарын азгырып жиберемин. Азыраактары Сага ыклас менен сыйынгандары гана калат». 63. «Жогол! - деди Аллах, - бирок, алардан кимиси сага ээрчисе, силердин толук жазаӊар тозок! 64. Алардын кимисине алыӊ жетсе, добушуӊ менен эле азгырып ал! Кааласаӊ алардын үстүнө атчан жана жөө аскериӊди жибер! Жана алардын мал мүлкүндө, бала-чакасында шерик бол жана аларга убадаларыӊды бер! О, пенделер! Шайтан аларга жалган убадаларды гана берет! 65. Албетте, Менин ыкластуу пенделериме бийлигиӊ өтпөйт! Сактоо жаатынан аларга Раббиӊдин Өзү жетиштүү!». СҮРӨ 18 КАХФ 10


50. ...эстегин, Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бир Иблистен башка бардыгы сажда кылышты. Ал жиндер тайпасынан эле. Раббисинин буйругуна каршы чыкты. Эми, силер Мени таштап, ошол Иблис менен анын укум-тукумдарын өзүӊөргө дос-башчы кылып жатасыӊарбы?! Алар силердин душманыӊар го! Заалымдардын (ДосРаббини душман-шайтанга) алмаштырганы кандай жаман! СҮРӨ 20 ТААХА 116. Ошондо биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бардыгы сажда кылды, бир гана Иблис баш тартты. 117. Биз айттык: «О, Адам! Чындыгында, бул (Иблис) сага жана аялыӉа душман! ЭкөөӉдү азгырып Бейиштен чыгарып койбосун! Анда бактысыз болуп каласыӉ! СҮРӨ 38 САД 71. Эстегин, бир кезде Раббиӊ периштелерге: «Мен ылайдан адам жасаймын. 72. Ага келбет берип, ичине Өз Рухумдан үйлөп жан киргизгенде, ага сажда кылган абалда жыгылгыла» деди. 73. Бардык периштелер сажда кылышты. 74. Бир гана Иблис текеберленип, каапырлардан болду. 75. Аллах: «О, Иблис, Мен Өзүмдүн эки Колум менен жараткан нерсеге сажда кылуудан сени эмне тосту?! Текеберлендиӊби, же жогорку даражалуу болуп калдыӊбы?!» деди. 76. «Мен андан жакшымын, мени оттон, аны болсо ылайдан жараткансӊ» деди Иблис. 77. Аллах айтты: «Эми сен андан (Бейиштен) чык! Сен Менин ырайымымдан куулгансыӊ! БИБЛИЯ “ШАЙТАНДЫН КҮНӨӨСҮ” ЖЕЗЕКИЕЛ БӨЛҮМ 28 1. Анан мага Теңирден сөз болду: 11


2. «Адам уулу! Тирдин башкаруучусуна айт: Кудай-Теңир мындай дейт: Жүрөгүң көтөрүлүп: “Мен кудаймын, деңиздердин ортосунда, кудайдын тагында отурам”, – дедиң. Кудай эмес, адам болуп туруп, өз акылыңды Кудайдын акылына теңедиң. 3. Сен Даниелден да акылдуусуң, эч бир сыр сенден жашыруун эмес. 4. Сен өзүңдүн даанышмандыгың менен, өзүңдүн акылың менен байлыкка ээ болдуң, өзүңдүн казынаңа алтын-күмүш жыйып алдың. 5. Соода ишиңдеги улуу акылмандыгың менен байлыгыңды көбөйттүң, байлыгың менен жүрөгүң текеберденди. 6. Ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: Сен өз акылыңды Кудайдын акылына теңегендигиң үчүн, 7. мына, Мен сага каршы бүт элдердин ичинен эң катаал болгон чет жерликтерди алып келем. Алар сенин керемет акылмандыгыңа каршы кылычтарын кынынан суурушат, сенин сулуулугуңду булгашат. 8. Сени көргө киргизишет, сен деңиздердин жүрөгүндө өлтүрүлгөндөрдүн өлүмү менен өлөсүң. 9. Ошондо өзүңдүн өлтүрүүчүңдүн алдында: «Мен кудаймын», – демек белең? Сен жарадар кылуучунун колунда кудай эмессиң, адамсың. 10. Сен чет жерликтердин колунан сүннөткө отургузулбагандардын өлүмү менен өлөсүң, анткени муну Мен айттым”», – дейт Кудай-Теңир. 11. Анан мага Теңирден сөз болду: 12. «Адам уулу! Тир падышасы үчүн ыйла, ага айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Сен жеткилеңдиктин мөөрүсүң, акылмандыктын толуктугусуң, сулуулуктун таажысысың. 13. Сен Эйденде, Кудайдын багында, болчусуң. Сенин кийимдериң ар кандай асыл таштар менен: лаал, топаз, алмаз, хризолит, агат, яшма, сапфир, кызыл жакут, зымырыт менен жана алтын менен жасалгаланган эле. Дап менен чоорду мыкты ойногондор сенде болчу, алар сен жаралган күнү даярдалган эле. 14. Сен калкалоо үчүн майланган керуп элең, Мен сени ошон үчүн койгом. Сен Кудайдын ыйык тоосунда болчусуң, оттуу таштардын арасында басып жүрчүсүң. 15. Сенден мыйзамсыздык табылганга чейин, сен жаралган күнүңдөн бери өз жолуңда жеткилең элең. 16. Сенин соодаң кеңири жайылгандыктан, ичиң жалгандыкка толду, сен күнөөгө баттың. Мен сени таза эмес катары Кудайдын тоосунан кулаттым, калкалап турган керуп, сени оттуу таштардын арасынан кууп жибердим. 12


17. Сулуулугуңдан жүрөгүң текеберденди. Менменсингендигиң акылмандыгыңдан ажыратты. Мен сени жерге кулаттым, падышалардын алдында маскара болууга бердим. 18. Сен өзүңдүн көп сандаган мыйзамсыз иштериң менен, жалган жол менен жүргүзгөн соодаң менен өзүңдүн ыйык жайларыңды булгадың. Мен сенин өз чөйрөңдөн от чыгардым, ал сени жалмады. Сени көрүп тургандардын көз алдында Мен сени жер үстүндө күлгө айланттым. 19. Элдер арасындагы сени билгендердин баары сага таң калышты. Сени көргөндөрдүн үрөйү учту. Сен түбөлүккө жок болосуң”». ЫШАЙА БӨЛҮМ 14 12. Таң жылдызы, таң уулу, сен асмандан кандай куладың! Элдерди тебелеп-тепсөөчү, сен жерге кулап түшүп, кандай талкаландың! 13. Бирок сен өз жүрөгүңдө мындай деп айттың эле: «Асманга чыгып, тагымды Кудайдын жылдыздарынан жогору коөм, тоодо, сансыз кудайлардын арасында, түндүктүн четинде отурам. 14. Булуттардын үстүнө чыгам, Бардыгынан Жогору Тургандын өзүнө окшоп калам». 15. Бирок сен өлгөндөр жаткан жайга, түпкүрдүн түбүнө түшүрүлдүң. 16. Сени көргөндөр сенден көзүн албай, сен жөнүндө минтип ойлошот: «Жерди солкулдатып, падышачылыктарды титиреткен киши ушул беле? 17. Ааламды чөлгө айланткан, анын шаарларын кыйраткан, өзүнүн туткундарын үйүнө коө бербеген киши ушул беле?» 18. Элдердин бардык падышалары, бардыгы урмат-сый менен өз күмбөздөрүндө жатышат. 19. Сен болсо өзүңдүн күмбөзүңдөн жарабаган бутактай болуп ыргытылдың, кылычтан өлгөндөрдүн кийиминдей болуп таш чуңкурга коюлдуң, сен тебеленген өлүктөй болдуң! 20. Сен аларга мүрзөдө кошулбайсың, анткени сен өз жериңди талкаладың, өз элиңди кырдың: мыйзамсыздык кылгандардын тукуму кылымдар бою эскерилбейт. КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 13


1. Жин Иблис (18 сүрө:48 ге таянсак - периште болгон эмес) Кудай Адамга табын деп айтканын буйругун аткарбаганы үчүн Бейиштен куулган. БИБЛИЯДА: 1. Люцифер, периштелердин арасында бийик орунду (Херувим) ээлеп турган эле, ал Кудайдын тактысын ээлегиси келген, ошентип ал Кудайга каршы күнөө кылган. Адамдын бул жакка эч кандай тиешеси жок. Кийинчерээк, Люцифер - эми бул Шайтан деп аталат, Обону алдаган, ал Обого Кудайдай болуп каласыӊар деген ойду берген.

КУРАН “АДАМДЫН КҮНӨӨСҮ” СҮРӨ 2 БАКАРА 35. Биз айттык: «О, Адам, сен жана жубайын экөөӊ Бейиште жашагыла, андагы жаккан мөмөлөрдөн каалаганыӊарды жегиле, бирок, мына бул даракка жакын келе көрбөгүлө. Антсеӊер зулум кылуучулардан болуп каласыӊар. 36. Шайтан ал экөөнү Бейиштен азгырып, мекендеринен чыгарды. Кийин Биз (Адам, Хаваа (Обо) жана шайтанга) айттык: «Бири-бириӊерге душман болуп (жерге) түшкүлө! Силер үчүн жерде белгилүү убакытка чейин оруночок жана пайдалануу бар». 37. Андан кийин Адам («О, Жаратуучубуз! Биз өзүбүзгө зулум кылуучу болуп калдык» деген) сөздөрдү Раббиси тарабынан (дилине) түшүрдү. Аллах анын тообасын кабыл алды. Албетте, Аллах тообаларды кабыл алуучу жана Мээримдүү. 38. «Бардыгыӊар Бейиштен түшкүлө» дедик. Эми, силерге Мен тараптан Туура Жол келгенде, ким Менин Туура Жолума ээрчисе, аларга коркунуч жок жана кайгы капага батышпайт. СҮРӨ 7 А’РАФ 14


19. О, Адам! Сен жубайыӊ экөөӊөр Бейиште жашагыла! Каалаганыӊардан жегиле. Бирок, мына бул даракка жакындашпагыла, зулум кылуучулардан болуп каласыӊар! 20. Анан, жабык турган абийир-уяттары ачылып калышы үчүн шайтан аларды азгыра баштады жана: «Раббиӊер экөөӊөрдү периште болуп же түбөлүк жашоочулардан болуп калбашыӊар үчүн гана бул дарактан кайтарды» деди. 21. Жана: «Мен силерге насаат айтуучулардан боломун» - деп экөөнө ант иче баштады. 22. Азгыруу менен ал экөөнү пакиза, жогорку, күнөөсүз даражаларынан түшүрүп койду. Анан, экөө дарактан ооз тиер замат, абийир-уяттары ачылып калып, өздөрүн Бейиш жалбырактары менен тосо баштады. Анан, Раббиси аларга үн катты: «Мен экөөӊөрдү бул дарактан кайтарбадым беле?! Жана силерге: «шайтан экөөӊөрдүн анык душманыӊар!» дебедим беле?!». 23. Экөө: «О, Раббибиз! Өзүбүзгө зулум кылып алдык! Эми, Сен бизди кечирбесеӉ жана ырайым кылбасаӉ зыян тартуучулардан болуп калабыз» дешти. 24. Аллах айтты: «Бири-бириӉерге душман болгон абалда жерге түшкүлө! Силер үчүн анда орун-очок жана мезгилге чейин пайдалануу бар. 25. Аллах айтты: «Ошол жерде жашайсыӊар, ошол жерде өлөсүӊөр жана ошондон кайра чыгарыласыӊар. 26. О, Адам урпактары! Биз силерге абийир-уятыӊарды жаба турган жана кооздук-зыйнат боло турган кийимди түшүрдүк. Бирок, такыба кийими, Бул жакшы! Бул Аллахтын белгилеринен. Кана эми, түшүнүп калышса! 27. О, Адам урпактары! Шайтан Ата-Энеӊерди Бейиштен чыгарып, уяттуу жерлери көрүнүп калышы үчүн кийимдерин сыйрып алганы сыяктуу, силерди да азгырып койбосун! Ал жана ага окшогондор силерди, силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдар үчүн дос-башчы кылып койдук. СҮРӨ 20 TAАХA 117. Биз айттык: «О, Адам! Чынында, бул Иблис сага жана аялыӊа душман! Экөөӊөрдү азгырып Бейиштен чыгарып койбосун! Анда бактысыз болуп каласыӊ! 118. Сен Бейиште ач-жылаӊач калбайсыӊ. 119. Анда суусабайсыӊ, күндүн ысыгына да күйбөйсүӊ». 15


120. Шайтан аны азгырып: «О, Адам мен сага түбөлүктүүлүк дарагын жана түгөнгүс мүлк көргөзөйүнбү?» 121. Анан, экөө ал дарактан жеп, уяттары ачылып калды эле, Бейиш жалбырактары менен өздөрүн тосо башташты. Адам Раббисине күнөөлүү болуп, азгырылды. 122. Кийин Раббиси аны тандап, тообасын кабыл алып, Өз жолуна баштады. 123. Аллах айтты: «Бардыгыӊар бири-бириӊерге душман болгон абалда Бейиштен түшкүлө! Эми, силерге Менден туура Туура Жол келет. Ким менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт.

БИБЛИЯ “АДАМДЫН КҮНӨӨСҮ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 2 16. Анан Кудай-Теңир адамга мындай деп осуят кылды: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот, 17. бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың». БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 3 1. Кудай-Теңир жараткан бардык талаа айбанаттарынын ичинен жылан эң куу эле. Ал аялдан: «Кудай чын эле: “Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле”, – деп айтты беле?» – деп сурады. 2. Аял жыланга мындай деп жооп берди: «Дарактардын жемиштеринен жесек болот. 3. Кудай: “Өлүп калбашыңар үчүн, бейиштин ортосундагы бир гана дарактын жемишинен жебегиле, ага тийбегиле”, – деген». 4. Ошондо жылан аялга: «Жок, өлбөйсүңөр, 5. бирок Кудай силердин анын жемишинен жеген күнү көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды билет», – деди. 16


6. Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы экенин, көзгө сүйкүм экенин көрдү. Ал билим бергендиктен, аялды өзүнө тартып турду. Аял анын жемишинен алып жеди. Анан күйөөсүнө да берди, ал да жеди. 7. Ошондо экөөнүн тең көздөрү ачылып, өздөрүнүн жылаңач экенин билишти да, анжыр жалбырактарын бириктирип тигип, өздөрүнө алжапкыч жасап алышты. 8. Күн салкын болуп турганда, бактын ичинде жүргөн Кудай-Теңирдин үнүн угуп, Адам менен аялы Кудай-Теңирдин жүзүнөн качып, бактагы дарактардын арасына жашынып калышты. 9. Ошондо Кудай-Теңир Адамды: «Сен кайдасың?» – деп чакырды. 10. Адам: «Бактан Сенин үнүңдү угуп, коркуп кеттим, анткени мен жылаңачмын, ошондуктан жашынып калдым», – деди. 11. Кудай андан: «Жылаңач экениңди сага ким айтты? Мен сага жегенге тыюу салган дарактын жемишинен жедиңби?» – деп сурады. 12. Ошондо Адам: «Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, мен жедим», – деп жооп берди. 13. Анан Кудай-Теңир аялдан: «Бул эмне кылганың?» – деп сурады. «Мени жылан азгырды, ошондуктан жедим», – деп жооп берди аял. 14 Ошондо Кудай-Теңир жыланга мындай деди: «Ушуну кылганың үчүн бардык малдардын, бардык талаа жаныбарларынын ичинен сага каргыш тийсин. Сен эми бооруң менен жылып, өмүрүң өткөнчө топурак жейсиң. 15. Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коөм. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың». 16. Аялга болсо мындай деди: «Кош бойлуу кезиңде кайгыңды көбөйткөндөн көбөйтөм. Балдарыңды ооруп төрөйсүң. Күйөөңө тартылып турасың, ал сага үстөмдүк кылат». 17. Адамга болсо мындай деди: «Аялыңдын тилин алып, “андан жебе” деп, Мен сага осуят кылган дарактын жемишинен жегениң үчүн, сенин айыңан жер каргышка калды. Сен эми өмүрүң өткөнчө жерден азап менен азыктанасың. 18. Жер сен үчүн тикенек, отоо чөп өстүрүп чыгарат. Талаа өсүмдүктөрү менен азыктанасың. 19. Өзүң алынган жерге кайра барганыңча, маңдай териң менен нан таап жейсиң, анткени сен топураксың, топуракка кайра барасың». 20. Адам аялынын атын Обо койду, анткени ал жер үстүндө жашагандардын баарынын энеси болуп калды. 17


21. Кудай-Теңир Адамга жана анын аялына терини кийим кылып кийгизди. 22. Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Мына, Адам Биздей болуп жакшылык менен жамандыкты билип калды. Эми ал колун сунуп, өмүр дарагынын жемишинен да жеп алып, түбөлүккө жашап калбасын». 23. Ошентип, Кудай-Теңир аны өзү жаратылган топуракты иштетсин деп, Эйден багынан кууп чыкты. 24. Адамды кууп чыккандан кийин, чыгыштагы Эйден багынын жанына өмүр дарагына баруучу жолду кайтаруу үчүн, керупту жана айланып турган оттуу кылычты коюп койду.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Бул жерде күнөө дүйнөгө кантип келгени аныкталбайт, күнөө адамзатка кандай таасир эткени да айтылбайт. Мусулман окумуштуулары адамзат бир адамдын - Адам атанын күнөөсү үчүн азап чегип жатканын факт катары кабыл алышпайт, муну менен макул эмес. 2. Тыюу салынган мөмө «...түбөлүктүүлүк дарагын жана түгөнгүс бийлик (мүлк)...» караштуу. 3. Шайтан Адам атанын өзү менен сүйлөшкөн. 4. Шайтан Адамды мындай деп азгырган: «Раббиӊер экөөӊөрдү периште болуп же түбөлүк жашоочулардан болуп калбашыӊар үчүн гана бул дарактан кайтарды. 5. Адам жана Обо өз күнөөлөрүн мойнуна алышып, Кудайдан кечирим сурпшкан. БИБЛИЯДА: 1. Библия ачык айкын муну айтып жатат: Адамдын күнөөсүнүн кесепетинен өлүм келип чыкты, ал эми Адамдын жана Обонун бардык урпактары каргышка калган: «…Балдарыңды ооруп төрөйсүң. Күйөөңө тартылып турасың, ал сага үстөмдүк кылат; Өзүң алынган жерге кайра барганыңча, 18


маңдай териң менен нан таап жейсиң, анткени сен топураксың, топуракка кайра барасың...» 2. Тыюу салынган мөмө буга караштуу: «...жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак...». Ал эми «...өмүр дарагынын...» мөмөсүнө Адам тийген эмес: «Мына, Адам Биздей болуп жакшылык менен жамандыкты билип калды. Эми ал колун сунуп, өмүр дарагынын жемишинен да жеп алып, түбөлүккө жашап калбасын». 3. Шайтан жылан кейипин кийип алып Обо менен сүйлөшкөн. 4. Шайтан жылан болуп алып Обону мындай деп азгырган: «...жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды...» Шайтан өзү Кудайдай болгусу келген, Анын орудун ээлегиси келген, ошол анын күнөөсү, ошол сыяктуу эле ал бул каалоону Адам менен Обого чаптай баштаган. Адам менен Обо күнөө кылгандан кийин гана Кудай аларды Бейиштен кууп чыккан, алар өмүр дарагынан жеп, түбөлүк жашап калбашы үчүн кууп чыккан. Анткени түбөлүктүү бар болуп туруучу Кудайдын жанында, Бейиште күнөөгө орун такыр жок. 5. Обо күнөөнү шайтанга шылтады, Адам күнөөнү Обого жана аялды ага бергенге шылтады: Ошондо Адам: «Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, мен жедим».

КУРАН “КАБЫЛ ЖАНА АБЫЛ” СҮРӨ 5 МАИДА 27. Аларга Адамдын эки уулунун кабарын окуп бер: «Бир кезде экөөсү курмандык атап, ал курмандыктар биринен кабыл болуп, экинчисинен кабыл болбой калды. Ал айтты: «Мен сени өлтүрөмүн!». Экинчиси айтты: «Аллах такыба кишилердин гана курмандыгын кабыл алат. 19


28. Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол салсаӊ да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол сунбаймын. Мен Аааламдардын Раббисинен коркомун. 29. Менин жана өзүӉдүн күнөөӉ менен кайтып, тозок «ээлеринен» болуп калышыӉды мен каалаймын. Заалымдардын жазасы - ушул!». 30. Кийин анын напсиси бир тууганын өлтүрүүгө көндүрдү жана аны өлтүрүп койду. Ошентип, ал күйгөн адамдардан болуп калды. 31. Аллах ага бир тууганынын сөөгүн кандай көмүүнү үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. Ал: «О, шорум курусун!» Мен бир тууганымдын сөөгүн ушул каргачалык көмө албадымбы?» деп бушайман кылуучулардан болду.

БИБЛИЯ “КАБЫЛ ЖАНА АБЫЛ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 4 1 Адам аялы Обого жакындады. Обонун боюна бүтүп, Кабылды төрөп: «Теңирдин жардамы менен уулдуу болдум», – деди. 2 Андан кийин анын бир тууганы Абылды төрөдү. Абыл койчу болду. Кабыл болсо дыйкан болду. 3 Арадан убакыт өттү, Кабыл жер жемиштеринен Теңирге тартуу алып келди. 4 Абыл да койлорунун төл башыларынан жана алардын майларынан алып келди. Теңир Абылга жана анын тартуусуна назарын салды. 5 Ал эми Кабылга жана анын тартуусуна назарын салган жок. Ошондо Кабылдын аябай ачуусу келип, өңү кумсарып кетти. 6 Теңир Кабылга: «Эмнеге ачууландың? Эмнеге өңүң кумсарып кетти? 7 Эгерде жакшы иш кылсаң, анда башыңды жерге салбайт элең да. Эгерде жакшы иш кылбасаң, анда босогоңдо күнөө жатат. Ал сени өзүнө тартып жатат, бирок сен ага үстөмдүк кыл», – деди. 20


8 Кабыл бир тууганы Абылга жамандык ойлоду. Талаада жүрүшкөндө, Кабыл өз бир тууганы Абылга кол көтөрүп, аны өлтүрүп салды. 9 Ошондо Теңир Кабылдан: «Бир тууганың Абыл кайда?» – деп сурады. Ал: «Билбейм, мен эмне, бир тууганыма кароолчу белем?» – деп жооп берди. 10 Теңир ага мындай деди: «Сен эмне кылдың? Жерден бир тууганыңдын каны Мага боздоп жатат. 11 Ошондуктан эми сага бир тууганыңдын канын сенин колуңдан кабыл алууга оозун ачкан жердин каргышы тиет. 12 Мындан ары жер иштеткениңде, ал сага өз күчүн бербейт. Жер бетинде куулуп, тентип жүргөн адам болосуң». 13 Ошондо Кабыл Теңирге: «Менин жазам чоң, көтөрө алгыс. 14 Сен азыр мени жер бетинен кууп жатасың. Мен эми Сенин жүзүңдөн жашынып, жер бетинде куулуп, тентип жүргөн адам болом, мага ким жолукса да, ал мени өлтүрөт», – деди. 15 Теңир ага: «Кабылды ким өлтүрсө, андан жети эселеп өч алынат», – деди. Кабылга жолуккан адам аны өлтүрүп койбошу үчүн, Теңир ага белги салып койду. 16 Ошентип, Кабыл Теңирден кетип, Эйдендин чыгыш жагындагы Нот деген жерге жайланышты. 17 Анан Кабыл аялына жакындады. Аялынын боюна бүтүп, Энохту төрөдү. Кабыл шаар куруп, ага өз уулу Энохтун атын берди. ЖАКАНДЫН БИРИНЧИ КАТЫ БӨЛҮМ 3 11 Анткени силер башынан бери угуп келе жаткан кабар бул: бирибирибизди сүйөлү. 12 Амалкөйдөн болгон, өз бир тууганын өлтүргөн Кабылдай болбогула. Кабыл өз бир тууганын эмне үчүн өлтүрдү эле? Анын иштери жаман, ал эми бир тууганынын иштери туура болчу. 13 Бир туугандарым, эгерде бул дүйнө силерди жек көрүп жатса, таң калбагыла. ЖҮЙҮТТҮН КАТЫ БӨЛҮМ 1 11 Аларга кайгы! Анткени алар Кабылдын жолу менен жүрүшөт; Биламга окшоп арам акчанын артынан түшүп адашып жүрүшөт; Корак сыяктуу каршы чыгып, өздөрүн өлүмгө дуушар кылып жатышат. 21


КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Бул жерде биз эки бир туугандын сүйлөшүүсүн көрүп турабыз бирок алардын аттары жазылган эмес. 2. Адам өлтүрүүчү өз кылмышын жашыра албаганын көрүп труп күнөөсүн мойнуна алды.

БИБЛИЯДА: 1. Бул жердеги диалог Кабыл жана Кудайдын ортосунда болду, Кабыл кылмыш кылганга чейин жана кылмыш кылгандан кийин да. 2. Кабыл Кудайдын анын бир тууганы тууралуу суроосуна катуу жооп берип жатты, ошондой эле ал мындай жазаны көтөрө албайм деди. Натыйжада: «Ошентип, Кабыл Теңирден кетип...» бул Кабыл Кудайга тобо кылган жок, күнөөнү мойнуна алган жок, ал Кудайдан кетти, мамилеси жок болуп калды, анын урпактары да кудайсыздар болуп калышты.

БӨЛҮМ 2 НУХ КУРАН “НУХ ЖАНА ТОПОН СУУ” СҮРӨ 11 ХУД 22


36. Нухка Аллах вахий кылды: «Коомуӊдун арасынан мурда ыйман келтиргендиктен башка эч ким ыйман келтирбейт. Бирок, алардын иштери себептүү кайгырба. 37. Биздин Көз алдыбызда вахий-таалимибиз боюнча кеме жаса жана заалым адамдар жөнүндө мага кайгырбай эле кой. Алар - чөктүрүлгөндөр! 38. Нух кеме жасай баштады. Ар качан алдынан коомунун адамдары өткөндө, аны шылдыӊдашты. Эгер бизди мазактасаӉар, биз да силерди өзүӉөрдөй мазактайбыз. 39. Силер тез эле кимге кор кылуучу азап жана кимдерге түбөлүк азап келишин билип аласыӉар - деди. 40. Качан гана Биздин буйругубуз келип, тандырлардын оозунан суу атырылып чыкканда, Биз айттык: О, Нух, Кемеӊе ар түрдүү айбанаттардан экиден жуптарды, үй-бүлөөӊдү жана ыйман келтиргендерди чыгар. Ал эми Биздин ага өлүм деген сөзүбүз жеткен адамдарды чыгарба! Ага бир аз эле кишилер ыйман келтирген болчу. 41. Нух айтты: «кемеге чыккыла! Анын жүрүшү да, токтошу да Аллахтын ысымы менен. Чынында, Раббим - Кечиримдүү, Ырайымдуу!» 42. Жана кеме тоолордой толкундардын үстүндө сүзүп баратканда Нух (ыймандуулардан) ажырап калган уулуна: О, уулум, биз менен бирге кемеге чык! Каапырлар менен болбо! - деди. 43. «Мен тоонун башына чыгып кетемин. Ал мени суудан сактап калат» деди. Нух айтты: Бүгүн Аллахтын буйругунан кутулуучу жок. Өзү ырайым кылгандар гана кутулат. Экөөнүн арасын толкун бөлүп койду жана чөктүрүлгөндөрдөн болду. 44. Кийин Аллахтын буйругу айтылды: О, жер, сууӊду тарт! О, асман, токтот! Ошентип, суу тартылды жана өкүм аткарылды. Кеме Жудий тоосунун үстүнө токтоп калды жана «залымдарга өлүм» деген наалат айтылды. 45. Анан Нух Раббисине жалбарды: Раббим-ай! Уулум менин үйбүлөөмдөн го? Сенин убадаӉ акыйкат го?! Сен эӉ адилет өкүм кылуучусуӉ го?! 46. Аллах айтты: О, Нух! Ал сенин үй-бүлөөӊдөн эмес! Чынында, бул жакшы иш эмес! Өзүӊ билбеген нерселерди менден тилебе! Мен сага наадандардан болбошуӊду насаат кыламын. 47. Айтты: О, Раббим! Мен өзүм билбеген нерсени Сенден сураганымдын жамандыгынан Өзүӊдөн коргоо тилеймин! Эгер Сен мени кечирип, ырайым кылбасаӊ, зыян тартуучулардан болуп каламын! 23


48. Айтылды: О, Нух Биз тараптан берилген амандык менен жана сага, сени менен бирге болгондорго берилген берекелер менен түшкүн. Дагы элулуттар болот. Биз аларды нээматтар менен пайдалантабыз. Эгер шүгүр ибадат кылышпаса кийин аларды Биз тараптан келген кыйноочу азап кармайт. 49. О, Мухаммед! Булар Биз сага вахий кылган кайып кабарлары. Мындан мурун аларды сен билбейт элеӊ, коомуӊ да билбейт эле. Эми, сабырдуу бол. Чынында, акыбет натыйжа такыбаа кишилердин пайдасына!

СҮРӨ 26 ШУАРА 105. Нухтун коому дагы Пайгамбарларды жалганчыга чыгарды. 106. Бир кезде аларга өз бурадарлары Нух мындай деди: Аллахтан коркпойсуӊарбы? 107. Мен силер үчүн ишеничтүү элчи боломун. 108. Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула! 109. Мен даават кылганым үчүн силерден акы сурабайм. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши. 110. Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула! 111. Сага ыйман келтиребизби?! Сага акылы төмөн, кедейлер гана ээрчиген го! - дешти. 112. Нух айтты: Алардын эмне иш жасап жатканын мен билбейм. 113. Эгер түшүнсөӊөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет. 114. Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин. 115. Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн. 116. Эй, Нух! Эгер дааватыӊды токтотпосоӊ, ташпаранга алынасыӊ! 117. Нух айтты: О, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды! 118. Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! Жана мен менен болгон момундарды куткар! 119. Анан Биз толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге болгондорду куткардык. 120. Кийин, калган элдерди чөктүрүп жибердик. СҮРӨ 29 АНКАБУТ 24


14. Биз Нухту өз коомуна пайгамбар кылып жибердик. Ал элинин арасында элүү жылы кем миӉ жыл турду. Анан аларды заалым болуп турган жеринде топон суу каптады. 15. Кийин Биз аны жана кемедегилерди куткардык жана кемени ааламдарга белги кылдык.

СҮРӨ 71 НУХ 21. Нух айтты: О, Раббим! Алар мага каршы чыгышты жана дүйнөсү менен бала-чакасы зыяндан башканы көбөйтпөй турган адамды ээрчип кетишти. 22. Алар өтө чоӊ айла-амалдарды жасашты. 23. Жана бут кудайыӊарды таштабагыла Вадды дагы, Сувааны дагы, Ягусту дагы, Насрды дагы таштабагыла дешти. 24. Алар көп элдерди азгырышты. Жана Сен заалымдарга адашуучулктан башканы көбөйтпө! 25. Күнөөлөрү себептүү чөктүрүлүштү! Анан отко кириптер кылынышты дагы, өздөрүнө Аллахтан башка жардамчы таппай калышты! 26. Нух айтты: О, Раббим! Жер бетинде каапырлардан эч бирин калтырбагын! 27. Эгер аларды тирүү койсоӊ пенделериӊди азгырышат жана бузуку, каапырларды гана насил (урпак) кылып калтырышат! 28. О, Раббим! Мени, менин ата-энемди, ыйман келтирип менин үйүмө киргендерди жана ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир! Заалымдарга өлүмдөн башканы көбөйтпө!

25


БИБЛИЯ “НУХ ЖАНА ТОПОН СУУ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 6 1 Жер бетинде адамдар көбөйө баштаганда, алардан кыздар төрөлдү. 2 Кудайдын уулдары адамдардын кыздары чырайлуу экенин көрүп, ар бири өзүнүн тандаганын аялдыкка ала баштады. 3 Ошондо Теңир: «Менин Рухум адамдын ичинде түбөлүккө болбойт, анткени алар – дене. Алардын жашы жүз жыйырма жыл болсун», – деди. 4 Ошол кезде жер бетинде алп адамдар болгон. Кудайдын уулдары адамдардын кыздарына жакындашканда, алар төрөп, алп адамдар көбөйгөн. Алар байыртадан эле күчтүү, атактуу адамдар болушкан. 5 Теңир жер бетиндеги адамдардын абдан бузулганын, алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык экенин көрдү. 6 Ошондо Теңир жер бетине адамды жаратканына өкүнүп, Өз ичинен өтө кайгырды. 7 Анан Теңир мындай деди: «Мен Өзүм жараткан адамдарды жер бетинен жок кылам, адамдан тартып малга чейин: жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, асман канаттууларын жок кылам, анткени Мен аларды жаратканыма өкүнүп жатам». 8 Нух болсо Теңирдин алдында ырайым тапты. 9 Нухтун жашоосу мындай эле: Нух өз замандаштарынын ичинен адил, кемчиликсиз адам болгон. Нух Кудайдын алдында түз жүргөн. 10 Нухтун Шем, Хам, Жепет деген үч уулу болгон. 11 Жер бети Кудайдын алдында бузулуп, жаман иштерге толуп кетти. 12 Кудай жерге көз жиберип, жердин абдан бузулганын, жердеги ар бир жандын терс жолго түшкөнүн көрдү. 13 Ошондо Кудай Нухка мындай деди: «Менин алдымда ар бир жандын күнү бүттү, анткени жер бети алардын жаман иштерине толуп кетти. Эми Мен аларды жер бетинен жок кылам. 14 Сен өзүңө гофер жыгачынан туюк кеме жаса. Кеменин ичин бөлүктөргө бөлүп, ичи-тышын чайыр менен капта. 15 Сен аны мындай жаса: кеменин узундугу үч жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, ал эми бийиктиги отуз чыканак болсун. 26


16 Кеменин жогору жагын оюп, бир чыканак терезе чыгар, капталына эшик жаса. Ичин үч кабат кылып кур. 17 Эми Мен асман астындагы өмүр деми бар тирүү жандын баарын жер бетинен жок кылыш үчүн, топон суу каптатам. Жер бетиндегинин бардыгы өмүрүнөн ажырайт. 18 Бирок Мен сени менен келишим түзөм. Кемеге сени менен кошо уулдарың, аялың жана уулдарыңдын аялдары кирсин.

БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 7 1 Ошондо Теңир Нухка мындай деди: «Бүт үй-бүлөң менен кемеге кир, анткени замандаштарыңдын ичинен сени Өзүмдүн алдымда адил деп таптым. 6 Жер бетин топон суу каптаганда, Нух алты жүз жашта эле. 13 Так ошол күнү Нух уулдары Шем, Хам, Жепет менен, аялы жана келиндери менен кемеге кирди. БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 9 29 Нух бардыгы болуп тогуз жүз элүү жыл жашап көз жумду. КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Нух анын айткан пайгамбарчылыгын укпаган ар бир адамды жок кылуусун суранды Кудайдан, жана өзүн, ата-энесин кечиришин сурады. 2. Нухтун уулдарынын бири анын айтканын кылган жок, ал баласы өзү куткарылгысы келди, ал Нухтун айтканынан, суранычынан баш тартып акырынды өлдү. 3. Нух 950 жыл бою бузулган коомдо жашап келди: «...элинин арасында элүү жылы кем миӊ жыл турду...». БИБЛИЯДА: 27


1. Кудай Өзү, Нухтун сурануусуз эле Аны кыжырланткан адамзатты жок кылгысы келди, ал эми Нухту жана анын аялын, балдарын аялдары менен үч уулун (бардыгы сегиз адам) куткарууну чечкен. Нухтун ата-энеси тууралуу эч нерсе айтылган эмес. 2. Нухтун бир уулу Хам атасына каршы күнөө кетирген, бирок ал топон суудан кийин болго окуя, бул баласы кемеде болгон, жана тирүү калган. Кудай Нухтун үй-бүлөөсүнүн бардык мүчөсүн куткарган. 3. Нух 950 жашында дүйнөдөн кайткан, ошонун 600 жылы топон сууга чейин - бузулган коомда, 350 жылын топон суудан кийин жашап өткөн.

БӨЛҮМ 3 АЮБ КУРАН “АЮБ” СҮРӨ 21 АНБИЯ 83. Жана Айюбду да эсте. Ал Раббисине: Мени зыян каптады! Өзүӊ ыраайым кылуучулардын эӊ ырайымдуурагысыӊ! - деп, дуба кылды. 84. Кийин Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат иретинде жана ибадатчыларга эскертме-сабак болсун деп ага үй-бүлөөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо перзент бердик. СҮРӨ 38 28


САД 41. Биздин пендебиз Айюбду да эстегин. Бир кезде ал Раббисине: Мага шайтан азап-машакат жеткирди! - деп жалбарды. 42. Бутуӊ менен жерди тепкин. Бул жууна турган жана иче турган муздак суу - деди Аллах. 43. Биз ага Өзүбүз тараптан мээрим иретинде жана акылдууларга сабак болсун деп үй-бүлөөсүн дагы ошончо кошумчасы менен кайтарып бердик. 44. О, Айюб! КолуӉа бир боо чыбык ал дагы аялыӉды ошону менен саба! АнтыӉды бузба! Чынында, Биз анын сабырдуулугун көрдүк. Ал эӊ мыкты пенде! Ал Раббисине өтө берилген!

БИБЛИЯ “АЮБДУН АЗАП ЧЕККЕНИ” АЮБ БӨЛҮМ 1 1 Ус деген жерде бир адам болгон, анын ысымы Аюб эле. Ал кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам болчу. 2 Анын жети уулу, үч кызы болгон. 3 Анын энчисинде: жети миң майда мал, үч миң төө, беш жүз жуп өгүз, беш жүз ургаачы эшек жана көп сандаган үй кызматчылары бар эле. Ал чыгыш элдеринин ичинен эң атактуу адам болгон. 4 Анын уулдары чогулуп, ар бири өз үйүндө, өз күнү келгенде, той өткөрүп турчу. Алар чогуу ичип-жеш үчүн, үч кыз бир тууганын киши жиберип чакыртышчу. 5 Алардын той берген күндөрү кезеги менен өтүп бүткөндөн кийин, Аюб аларга киши жиберип чакыртып алып, аларды ыйыктачу. Эртең менен эрте туруп, алардын санына жараша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалчу. Анткени Аюб: «Балким, уулдарым ичинен Кудайга акарат айтып, күнөөгө баткандыр», – деп ойлочу. Бардык ушундай күндөрү Аюб ушундай кылып турчу. 6 Бир күнү Кудайдын уулдары Теңирдин алдында туруш үчүн келишти, алар менен кошо шайтан да келди. 29


7 Ошондо Теңир шайтандан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Шайтан Теңирге: «Мен бүт жер жүзүн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди. 8 Теңир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени жер жүзүндө андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам», – деди. 9 Ошондо шайтан Теңирге мындай деп жооп берди: «Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен? 10 Аны да, анын тукумун да, анын колунда болгонунун бардыгын коргогон Сен эмессиңби? Анын бардык ишине батаңды бердиң, анын жер жайнаган малы бар. 11 Бирок колуңду сунуп, анын колунда болгонунун бардыгына колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?» 12 Ошондо Теңир шайтанга: «Мына, анын колунда болгонунун баары сенин колуңда, бирок өзүнө тийбе», – деди. Ошентип, шайтан Теңирдин алдынан кетти. 13 Анын уулдары менен кыздары тун бир тууганынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жаткан күнү 14 Аюбга кабарчы келип, мындай деп билдирди: 15 «Өгүздөр кош айдап жатышкан, алардын жанында ургаачы эшектер оттоп жүрүшкөн, ошондо шебалыктар кол салып, аларды тартып алышты, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум». 16 Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Асмандан Кудайдын оту түшүп, малды да, кулдарды да күйгүзүп кетти. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты. 17 Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Каздимдиктер үч топко бөлүнүп алып, төөлөргө кол салып, аларды алып кетишти, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты. 18 Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип, мындай деди: «Сенин уулдарың менен кыздарың тун бир тууганынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жатышканда, 19 чөлдөн катуу шамал келип, үйдү талкалады. Балдарыңды үй басып калды, алар өлүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум». 20 Ошондо Аюб тура калып, сырт кийимин айрып, чачын алды, жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга таазим кылып: 21 «Мен бул дүйнөгө жылаңач келгем, жылаңач кетем. Берген да Теңир, алган да Теңир. Теңирдин ысымы даңкталсын!» – деди. 30


22 Ошонун бардыгына карабастан, Аюб күнөө кылган жок, Кудайга акарат келтирген жок!

АЮБ БӨЛҮМ 2 1 Бир күнү Кудайдын уулдары Теңирдин алдында туруш үчүн келишти, алар менен кошо шайтан да келди. 2 Ошондо Теңир шайтандан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Шайтан Теңирге: «Мен бүт жер жүзүн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди. 3 Теңир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени жер жүзүндө андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам. Ал ушуга чейин өзүнүн кемчиликсиздигинде бек турат. Сен болсо аны жазыксыз жерден өлтүрүш үчүн, Мени ага каршы тукурдуң», – деп айтты. 4 Шайтан Теңирге мындай деп жооп берди: «Тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет. 5 Бирок Сен анын денеси менен сөөгүнө колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?» 6 Ошондо Теңир шайтанга: «Мына, ал сенин колуңда, бирок анын жанына тийбе», – деп айтты. 7 Ошентип, шайтан Теңирдин алдынан кетип, Аюбдун таманынан төбөсүнө чейин өтө оор пес оорусун каптатты. 8 Ал денесиндеги пес оорусун кырып салыш үчүн, карапа сыныгын алып, күлгө отурду. 9 Ошондо ага аялы: «Сен дагы эле өзүңдүн кемчиликсиздигиңде бек турасыңбы? Кудайга акарат келтир да, өл», – деди. 10 Бирок ал аялына: «Сен акылсыз аялдай сүйлөп жатасың. Кудайдан биз жакшылыкты кабыл алып, жамандыкты кабыл албай коөбузбу?» – деди. Ушунун баарына карабай, Аюб тили менен күнөөгө баткан жок. 11 Аюбдун үч досу: теймандык Элипаз, шухтук Билдат жана наамалык Сопар анын башына түшкөн бул кыйынчылыктардын баарын угуп, ар бири өз жеринен келишти. Алар анын кайгысын бөлүшүш үчүн, аны сооротуш үчүн чогулушту.

31


12 Алар Аюбду алыстан көргөндө, таанышкан жок. Жакындаганда өкүрүпбакырып, боздоп ыйлашты, ар бири өз кийимин айрып, башынан өйдө топурак чачышты. 13 Алар жети күн, жети түн аны менен бирге жерде отурушту. Эч кимиси бир ооз сөз сүйлөгөн жок, анткени анын кайгысы өтө оор экенин көрүштү. АЮБ БӨЛҮМ 3 1 Ошондон кийин Аюб сөз баштап, өзү туулган күндү каргады. 2 Аюб сөзүн мындай деп баштады: 3 «Мен туулган күн курусун, “Эркек бала түйүлдү”, – деген түн курусун! 4 Ал күн караңгылык болсун. Жогорудагы Кудай ал күндү издебесин, ал күнгө жарык тийбесин! АЮБ БӨЛҮМ 4 1 Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди: 17 “Адам Кудайдан да адилеттүү бекен? Адам өз Жаратканынан да таза бекен?” АЮБ БӨЛҮМ 5 15 Ал жакырды кылычтан, алардын оозунан жана күчтүүнүн колунан куткарат. 16 Ошондуктан жакырдын үмүтү бар, жалган өз оозун жабат. 17 Кудай эсине келтирген адам бактылуу, ошондуктан кудуреттүү Кудайдын жазасын четке какпа! АЮБ БӨЛҮМ 5 1 Эгерде сага жооп бере турган бирөө болсо, анда чакыр. Ыйыктардын кимисине кайрыласың? 2 Ошентип, акылсызды каардуулугу өлтүрөт, эси жокту туталангычтыгы өлтүрөт. 3 Мен акылсыздын кантип тамыр жайганын көрдүм. Ошол замат анын үйүн каргадым. 32


4 Анын балдары бакыттан алыс, аларды дарбазанын алдында уруп-согушат, аларга болушар эч ким болбойт.

АЮБ БӨЛҮМ 7 17 Сен ушунчалык баалагыдай, көңүл бургудай, адам баласы ким? 18 Ага ар таңда келип турасың, көз ирмем сайын аны сынап турасың. 19 Сен качан менден көзүңдү аласың, качан коө бересиң, качан шилекейимди жутканга мүмкүнчүлүк бересиң? 20 Эгерде мен күнөө кылган болсом, адам күзөтчүсү болгон Сага эмне кыла алам? Эмне үчүн Сен мени Өзүңө бута кылып алдың? Мен өзүмө өзүм жүк болуп калдым. АЮБ БӨЛҮМ 8 1 Шухтук Билдат мындай деп жооп берди: 2 «Сен ушинтип көпкө сүйлөй бересиңби? Оозуңдан чыккан сөздөр – дуулдаган шамал! 3 Кантип эле Кудай өкүмүн бузсун? Кантип эле кудуреттүү Кудай чындыкты өзгөртсүн? 4 Эгерде Анын алдында сенин уулдарың күнөө кылса, анда Ал аларды өз мыйзамсыздыгынын колуна салып берди. 5 Эгерде сен Кудайды издесең, кудуреттүү Кудайга сыйынсаң, 6 эгерде сен таза болсоң, эгерде сеники туура болсо, анда Ал азыр эле келип, сенин адил жашооңду калыбына келтирет. 20 Көрдүңбү, Кудай такыбааны четке какпайт, зулумдарды колдобойт. 21 Ал дагы ууртуңду күлкүгө, оозуңду кубанычтуу сөздөргө толтурат. АЮБ БӨЛҮМ 9 1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди: 2 «Туура! Ушундай экенин билем. Бирок адам Кудайдын алдында кантип актана алат? 3 Эгерде адам Кудай менен талашып-тартышкысы келсе, адам Анын миң суроосунун бирине да жооп бере албайт. 33


4 Кудай терең акылдуу, күчү зор. Ким Ага каршы чыгып, аман калды? 16 Мен Аны чакырганда, Ал мага жооп берсе да, Ал менин үнүмдү укканына ишенбес элем. 17 Ал алай-дүлөй бороондо мага сокку урат, жазыксыз жерден жаратымды ырбатат, 18 жанымды жай алдырбайт, азапка малат. 19 Күчкө салайын десем, Ал эбегейсиз күчтүү. Соттошоюн десем, Аны менен мени ким беттештирет? 20 Эгерде мен актана турган болсом, өз тилим эле мени айыпка жыгат. Мен айыпсыз болгон күндө да, Ал мени айыптуу деп табат. 21 Айыпсызмын мен. Жашагым келбейт, өмүрүмдү жек көрөм! 22 Баары бир. Ошондон улам мен: “Ал айыпсызды да, айыптууну да өлтүрөт”, – деп айттым. АЮБ БӨЛҮМ 10 7 Менин мыйзамсыз эмес экенимди, Сенин колуңдан мени эч ким куткара албастыгын билесиң да. АЮБ БӨЛҮМ 11 1 Ошондо наамалык Сопар мындай деп жооп берди: 2 «Көп сөз кантип жоопсуз калсын? Же көп сүйлөгөн адамдыкы эле туура бекен? 3 Сенин маңызсыз сөздөрүң адамдардын оозун жаба алабы? Же ооз көптүргөн сөздөрүң үчүн сени уяткарып койчу адам жок бекен? 4 Сен: “Менин оюм туура, Сенин алдыңда мен тазамын”, – дедиң. 5 Эгерде Кудай сүйлөсө, Ал сага каршы сүйлөсө, АЮБ БӨЛҮМ 27 1 Аюб маанилүү сөздөрүн улантып, мындай деди: 2 «Мени акыйкаттыктан ажыраткан Кудай тирүү, жанымды кейиткен кудуреттүү Кудай тирүү. 3 Жаным өзүмдө турганда, Кудайдын руху таноомдо турганда, 4 менин оозум жалганды сүйлөбөйт, тилим калп айтпайт! 34


5 Мен силерди адилеттүү деп эсептөөдөн алысмын. Өмүрүм өткөнчө өзүмдүн таза экендигимден танбайм. 6 Мен өз чындыгымды бек кармадым, эми аны коө бербейм. Өмүрүм өткөнчө жүрөгүм мени жемелебейт. АЮБ БӨЛҮМ 32 1 Аюб өзүнүкүн туура деп эсептегендиктен, тигил үч киши Аюбга жооп бергенин токтотушту. 2 Ошондо Рам уруусунан чыккан буздук Барахел уулу Элийунун каары кайнады. Өзүн Кудайга караганда адилеттүү эсептегени үчүн, ал Аюбга аябай ачууланды. 3 Эмне деп жооп берүүнү билбей туруп, Аюбду айыптай берген үч досуна да ачууланды. АЮБ БӨЛҮМ 34 5 Анткени Аюб мындай деди: “Меники туура, бирок Кудай мени укуктан ажыратты. 6 Менин адилдигимди төгүнгө чыгарды. Жазыксыз алган жараатым айыккыс”. 7 Шылдыңды суудай ичип жаткан Аюбдай адам барбы? 8 Ал мыйзамсыз иштерди жасагандардын уюмуна кирип, мыйзамсыз адамдар менен жүрөт. 9 Анткени ал мындай деп айтты: “Кудайга жакшы иштер менен жагынуудан адамга пайда жок”. 10 Ошондуктан мени уккула, акылдуу адамдар! Кудайда калп болушу мүмкүн эмес, кудуреттүү Кудайда адилетсиздик болбойт. 11 Анткени Ал өзүнүн иштерине жараша кылат, ар бир адамга жолдоруна жараша берет. 12 Чындыгында, Кудай жалган нерсе жасабайт, кудуреттүү Кудай сотту бурмалабайт. АЮБ БӨЛҮМ 38 1 Теңир бороондун ичинен Аюбга мындай деп жооп берди: 35


2 «Мааниси жок сөздөрү менен Кудайдын чечимин караңгылаткан бул ким? 3 Эркектей болуп белиңди буу, Мен сенден сурайын, сен Мага түшүндүрүп бер! 4 Мен жердин негизин жаратканда, сен кайда элең? Айт, эгер билсең. 5 Анын көлөмүн ким чектеди? Айт, эгер билсең. Аны ким жип менен ченеп чыкты? 6 Анын негизи эмненин үстүнө орнотулган? Же болбосо анын бурчка коюлуучу ташын ким койгон? 7 Таңкы жылдыздардын кубанычтуу ырынын коштоосунда Кудайдын бардык уулдары кубанычтан кыйкырып турганда, сен кайда элең? АЮБ БӨЛҮМ 40 7 Менменсингендердин баарын карап, аларды кемсинтип көрчү, мыйзамсыздарды турган жеринде кыйратып көрчү. 8 Алардын баарын жерге көмүп көрчү, алардын жүзүн караңгылык менен каптап көрчү. 9 Мен ошондо сени өзүңдүн оң колуң куткара алат деп билем АЮБ БӨЛҮМ 42 1 Ошондо Аюб Теңирге мындай деп жооп берди: 2 «Сенин баарын жасай аларыңды, Сенин ниетиңди эч ким токтото албастыгын билем. 3 Сен: “Эч нерсени түшүнбөй туруп, Кудайдын чечимин караңгылаткан бул ким?” – деп айттың. Ошондуктан мен өзүм түшүнбөгөн нерселер жөнүндө, өзүм билбеген кереметтүү иштер жөнүндө айткам. 4 “Ук, мен сүйлөйүн. Мен сенден сурайын, Сен болсо мага түшүндүрүп бер”, – дегем. 5 Мен Сен жөнүндө ушуга чейин кулагым менен уккам, азыр болсо Сени өз көзүм менен көрүп турам. 6 Ошондуктан мен мурунку айткан сөздөрүмдөн баш тартам, топурак менен күлгө отуруп алып өкүнөм». 7 Теңир Аюбга ушул сөздөрдү айткандан кийин, теймандык Элипазга Теңир мындай деди: «Силер Мен жөнүндө Менин кулум Аюбдай туура 36


сүйлөбөгөнүңөр үчүн, сага жана сенин эки досуңа Менин каарым кайнап турат. 8 Ошондуктан жети букачар, жети кочкор алып, Менин кулум Аюбга барып, өзүңөр үчүн курмандык чалгыла. Ошондо Менин кулум Аюб силер үчүн сыйынат. Силер Мен жөнүндө Менин кулум Аюбдай туура айткан жоксуңар. Ошондуктан силерди жазалабашым үчүн, Мен Аюбду гана кабыл алам». 9 Ошондо теймандык Элипаз, шухтук Билдат, наамалык Сопар барып, Кудай кандай буйруса, ошондой кылышты. Ошондо Теңир Аюбду кабыл алды. 10 Аюб өз достору үчүн Кудайга сыйынгандан кийин, Теңир Аюбдун жоготууларын кайра берди. Теңир Аюбга мурункусунан эки эсе көп берди. 11 Ошондо ага ага-инилери, эже-карындаштары, мурунку тааныштары келишти, анын үйүндө аны менен бирге ичип-жеп, кайгы-капасын бөлүшүп, сооротушту, анткени Теңир анын башына көп азап салган эле. Ар бири ага бирден кесита, бирден алтын шакек берди. 12 Теңир Аюбдун мурунку күндөрүнө караганда, акыркы күндөрүнө аябай батасын берди. Ал он төрт миң майда малдуу, алты миң төөлүү, бир миң жуп өгүздүү, бир миң ургаачы эшектүү болду. 13 Ал жети уулдуу, үч кыздуу болду. 14 Биринчи кызына Эмима, экинчисине Кетсия, үчүнчүсүнө Керенапух деген ат койду. 15 Бүт жер жүзүндө Аюбдун кыздарындай сулуу аялдар болгон жок, атасы аларга бир туугандары менен кошо мурас бөлүп берди. 16 Ошондон кийин Аюб дагы жүз кырк жыл жашады, уулдарын жана уулдарынын уулдарын төртүнчү тукумуна чейин көрдү. 17 Ошентип, Аюб картайып, өмүргө тоюп көз жумду.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Аюб Кудайдан шайтан тарабынан кылынган азаптан бошотуусун сурап жардам сурады. Кудай мындай жооп берди: «...Бутуӊ менен жерди тепкин. Бул жууна турган жана иче турган муздак суу...» 2. Кудай: «...үй-бүлөөсүн дагы ошончо кошумчасы менен кайтарып бердик...» 37


3. Кудай Аюбка аялын кандайдыр бир күнөөсү үчүн сабоого уруксат берди.

БИБЛИЯДА: 1. Аюб ишенет, шайтан эмес, Кудай аны жазалап жаткан. Шайтан Аюбдун ишенимдүүлүгү тууралуу Кудай менен талашып жаткан. Кудай шайтанга Аюбдун ишенимдүүлүгүн текшерүү үчүн аны сыноого жол берди - Аюбга «тийүүгө» уруксат барди. Аюб бардыганан - үй-бүлөөсүнөн, бардык мүлкүнөн ажыраса дагы, ал абдан оорулуу болуп калса дагы Кудайды даӊтап жатты: «...Ошонун бардыгына карабастан, Аюб күнөө кылган жок, Кудайга акарат келтирген жок...» Анын достору - төрт адам - Аюбдун мынай акыбалга түшүп калганына ким күнөөлүү экенин билгилери келип чоӊ талкуу жаратышкан. Аюб мындай жазага алып келе турган күнөө кылган эместигин айтып жатса, анын достору тескерисин айтып, Аюб бул азапты күнөөлөрү үчүн алып жаткандыгын тастыктап жатышты. Бул баяндын аягында Кудай Аюбка эч бир адам Жаратуучуну толугу менен таанып биле албай турганын ачып берди, Аюб жана анын достору - баары жаӊылып жаткандарын айтты. Ошентип, Аюб Кудай алдында өз сөздөрүн кайра артка алып, кечирим сурайт.

2. Теңир Аюбдун жоготууларын кайра берди: «...Теңир Аюбга мурункусунан эки эсе көп берди...» 3. Аюбдун азап чегип жаткан учурунда туура эмес кеӊеш бергени үчүн Аюбдун аялына Кудай ачууланган эмес, Ал Аюбдун достору бул окуяда Кудайдын катышуусун туура эмес түшүндүргөндөрү үчүн ачуусу келген: «...теймандык Элипазга Теңир мындай деди: «Силер Мен жөнүндө Менин кулум Аюбдай туура сүйлөбөгөнүңөр үчүн, сага жана сенин эки досуңа Менин каарым кайнап турат...»

КОРУТУНДУ Курандагы жана Библиядагы Аюбдун баянын салыштырууда мындай жалпы фактылар келип чыгат: 38


a) Бул адамдына аты – АЮБ, b) Аны азап-кайгы басты, c) Кудай Аюбга мурункусунан эки эсе көп берди. Куранда Аюб тынчтанууну муздак суудан табышы керек эле, ал үчүн жерди тебиши керек болгон - буга эч кандай түшүндүрмө жок, ошондой эле эмне үчүн ал аялын сабашы керек эле, бул жерде бир эрежени (ант берүүнү) бузуп жатпайбы, буга да түшүндүрмө жок. Ал эми Библия туӊгуюктун четинде турса дагы Кудайга толугу менен ишенген адам тууралуу эӊ сонун баяныды айтып турат. Библиянын бул китеп адамдын өмүрү жана башка бардык нерселер толугу менен Кудайдын башкаруусу алдында турганын билдирип турат, ошентип шайтан Кудай жол бермейинче эч нерсе кыла албаганын көрсөк болот. Аюб ошону түшүнүп турду, ошол үчүн ал Кудайды кандай гана оор абалда болбосо даӊтап жатты.

БӨЛҮМ 4 ЫБРАЙЫМ КУРАН “ЫБРАЙЫМ ЖАНА АНЫН АТАСЫ” СҮРӨ 6 АНbАМ 74. Эстегин: Ибрахим атасы Аазарга: таштарды сыйынууга татыктуу кудайлар деп билесизби? Мен сизди жана коомуӊузду анык адашууда деп ойлоймун - деди. 39


СҮРӨ 9 ТАУБА 114. Ибрахим атасынын күнөөсүн сураган болсо, ага берген убадасы бар эле. Качан ага атасы Аллахтын душманы экени билингегде, андан «кол жууду». Чынында, Ибрахим Раббисине кайтуучу, ырайымдуу эле. СҮРӨ 19 МАРЯМ 42. Бир кезде ал атасына: О, атаке, үчүн укпай турган, көрбөй турган жана өзүӊүзгө эч пайдасы тийбей турган кудайларга ибадат кылуудасыз? 43. О, ата! Мага сизге келбеген илим келген. Эми, мени ээрчиӊиз, сизди Туура Жолго баштаймын. 44. Атакебай, шайтанга сыйынбаӊыз! Чынында, шайтан Аллахка каршы чыгуучу! 45. Атаке, мен сизди Рахмандын азабы кармабаса экен деп коркомун. Анда сиз шайтанга дос болуп каласыз! - деди. 46. Анда атасы айтты: О, Ибрахим, эмне, сен менин кудайларымдан түӊүлдүӊбү? Эгер токтотпосоӊ таш менен уруп койомун! Жогол! Көпкө чейин мага сүйлөбө! 47. Ибрахим айтты: Саламат болуӊуз! Бирок, мен Раббиме дуба кылып, сиздин күнөөӊүздү кечиришин сураймын. Ал мага Ырайымдуу. 48. Мен силерди жана силер дуба кылып жаткан, Аллахтан башка кудайларыӉарды таштап кетемин жана Раббиме дуба кыламын! Жалгыз Раббиме дуба кылганым себептүү силерге окошп таалайсыз болуп калбаймын деген үмүтүм бар. 49. Аларды жана Аллахтан башка алар сыйынган кудайларды таштап кеткен соӉ, Биз ага Исхак менен Я’кубду бердик жана экөөсүн теӊ пайгамбар кылдык. 50. Жана аларга Өз ырайымыбызды төгүп, аларга жогорку даражалуу мактоо сөздөрүн арнадык. СҮРӨ 21 АНБИЯ 40


52. Бир кезде ал атасына жана коомуна: Силер табынып жаткан бул айкелдер не?! - деди. 53. Ата-бабаларыбызды ошолорго сыйынган абалды тапканбыз - дешти алар. 54. Ибрахим айтты: Силер да, ата-бабаӊар да анык адашууда болгонусӊар! 55. Мушириктер айтышты: Сен чын сүйлөп жатасыӊбы же ойноп сүйлөп жатасыӊбы? 56. Айтты: Чынын айтам; Силердин Раббиӊер асмандардын жана жердин Раббиси. Аларды жараткан. Буга мен өзүм күбөгө өтүүчүмүн. 57. Жана Аллахка ант ичип айтамын: Мен силер шаардан кеткенде айкелкудайыӊардын амалын таап койомун! 58. Анан алардын эӊ чоӊунан башка баарын талкалап чыкты, ошого кайтышсын деп. 59. Биздин кудайларыбызга муну ким жасады? Ал заалымдардан экен! дешти. 60. Айтышты: Ибрахим деген жаш жигит кудайларыбызды тилге алып жүргөн. 61. Айтты: Аны адамдардын көз алдына алып келгиле, көрүп коюшсун! 62. О, Ибрахим! Биздин кудайларыбызга ушуну сен жасадыӊбы? - дешти. 63. Жок - деди Ибрахим - мына бул балта кармап турган чоӊу жасады. Эгер сүйлөчү болсо сурап алгыла. 64. Ошондо алар эстерине келе калышты жана бири-бирине чын эле силер өзүӊөр заалым экенсиӊер - дешти. 65. Кийин дагы баштары айланып, Сен булардын сүйлөбөй турганын билет болчусуӊ! - дешти. 66. Аллахтан башка, өзүӊөргө не зыян, не пайда келтире албаган кудайларга сыйынып жатасыӊарбы? 67. Силерден дагы, Аллахтан башка сыйынган кудайларыӊардан дагы тажадым! Акылыӊарды иштетпейсиӊерби?! 68. Аны отко ыргыткыла! Кудайыӊарга жардам бергиле! Эгер жасай алсаӊар, ушундай жасагыла! - дешти. 69. Биз айттык: О, от, Ибрахимге муздак жана саламаттык бол! 70. Алар муну менен айлакерлик кылууну каалашты. Бирок, Биз аларды зыян тартуучу кылдык. 71. Жана Биз аны Ибрахим менен Лут экөөсүн, ааламдар үчүн берекелүү кылган жерге куткарып жибердик.

41


СҮРӨ 29 АНКАБУТ 16. Жана Биз Ибрахимди да. Бир кезде ал өз коомуна: Аллахка гана сыйынгыла! Андан такыба кылгыла! Эгер билсеӊер, ушунуӊар өзүӊөргө жакшы. 17. Чынында, силер Аллахтан башка буттарга ибадат кылып, жалаа жаап жатасыӊар! Аллахтан башка силер сыйынып жаткан кудайыӊар силерге ырыскы берүүгө да кудуретүү эмес! Ырыскыны Аллахтан сурагыла жана Өзүнө гана ибадат кылып, жалгыз Өзүнө шүгүр кылгыла! Өзүнө гана кайтып барасыӊар! 24. Ага коомунун берген жообу: Аны өлтүргүлө же болбосо, өрттөп салгыла - деп айтуудан башкача болду. Кийин аны Аллах оттон куткарып алды. Албетте, бул окуяда ыймандуу коом үчүн белгилер бар. СҮРӨ 37 САФФАТ 95. Айтты: Өзүӊөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыӊарбы? 96. Силерди да, силердин иштериӊерди да Аллах жараткан! 97. Мушриктер айтышты: Ал үчүн отундан үйлөрдү куруп жандырып отко таштагыла! 98. Ага каршы ушундай амалды тандашты. Биз алардын өзүн төмөн жеӊилген кылып койдук.

БИБЛИЯ “ЫБРАЙЫМ ЖАНА АНЫН АТАСЫ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 11 26 Терах жетимиш жашка чыкканда, андан Ыбрам, Нахор жана Аран төрөлдү. 31 Канаан жерине баруу үчүн, Терах өз уулу Ыбрамды, Арандын уулу, небереси Лотту, өз уулу Ыбрамдын аялы, келини Сараны алып, 42


каздимдердин Ур шаарынан чыкты. Харанга барып, ошол жерде туруп калышты. 32 Терах эки жүз бешке чыгып, Харанда көз жумду. БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 12 1 Теңир Ыбрамга мындай деди: «Өз жериңен, өз туугандарыңан, атаңдын үйүнөн бөлүнүп чыгып, Мен көрсөткөн жерге бар. 2 Мен сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, атыңды даңазалайм, сен аркылуу башкалар бата алышат. 3 Сага бата бергенге Мен батамды берем, сени каргаганды Мен каргайм. Жер жүзүндөгү бүт элдер сен аркылуу бата алышат». 4 Ыбрам Теңирдин айтканы боюнча жолго чыкты. Аны менен Лот да жолго чыкты. Ыбрам Харандан чыкканда, жетимиш беш жашта эле.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Ыбрайым монотеизмдин эӊ биринчи жактоочуларынан болуп көрсөтлүлдү, ошон үчүн аны өлтүргүлөрү келишти. Бирок Ыбрайым бул жерди таштап, Кудайдын артынан ээрчип, Ал айткан жакка кетти. 2. Ыбрайым бир эле (жалгыз) Кудай бар деп атасы менен талашып жатты. БИБЛИЯДА: 1. Кудай Өзү Ыбрайымды чакырды, артынан ээрчүүнү айтты. Ал атасы каза болгондон кийин гана ээрчиди, ал Ханаанга Ур жеринен эмес, Харандан кеткен. 2. Бул жерде Ыбрайым менен анын атасынын мамилеси тууралуу маалымат жок.

43


КОРУТУНДУ: Куранда бул тууралуу Меккедеги Мухаммед менен араб-бутпарастардын ортосундагы карама каршылыктары чагылдырылган. Бул жерде Ыбрайымдын миссиясы менен Мухаммеддики бири бирине теӊделип калып жатат.

КУРАН “ЫБРАЙЫМ МЕНЕН КЕЛИШИМ” СҮРӨ 2 БАКАРА 260. Эстегин Ибрахим: О, Раббим! Мага өлүктөрдү кантип тирилтээрин көргөз - дегенде, Аллах: Ишенбей жатасыӊбы? - деди. Ибрахим айтты: Жок, андай эмес, бирок жүрөгүм бейпил болушу үчүн. Аллах айтты: Куштан төрттү карма дагы, аларды өзүӉө жакындатып союп, жиликтеп, ар бир тоого алардын бөлүктөрүн ташта. Анан аларды чакыр - сага тез учуп келишет. Жана билип койгун, Аллах - Кудуреттүү, Даанышман.

БИБЛИЯ “ЫБРАЙЫМ МЕНЕН КЕЛИШИМ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 15 7 Теңир Ыбрамга минтип айтты: «Бул жерди сенин ээлигиңе берүү үчүн, сени каздимдердин Ур шаарынан алып чыккан Теңир Менмин».

44


8 Ыбрам Андан: «Эгедер Теңирим! Мен бул жерге ээ болорумду эмнеден билем?» – деп сурады. 9 Теңир ага мындай деди: «Мага үч жылдык кунажын, үч жылдык эчки, үч жылдык кочкор, бактек жана жаш көгүчкөн алып кел». 10 Ал алардын бардыгын алып келди да, канаттуулардан башкасын экиге бөлүп, бөлүктөрдү бири-биринин тушуна койду. 11 Ошондо этке жырткыч куштар жабалактап учуп келишти, бирок Ыбрам аларды кубалап турду. 12 Күн батарда Ыбрамды катуу уйку басты. Ошондо аны үрөй учурган коркунуч менен коюу караңгылык каптады. 13 Ошондо Теңир Ыбрамга мындай деди: «Билип ал, сенин укум-тукумуң бөтөн жерде келгин эл болот. Аларды кул кылып, төрт жүз жыл эзишет. 14 Бирок Мен аларды кул кылган элди жазалайм, ошондо алар ал жерден көп мал-мүлк менен чыгышат. 15 Ал эми сен ата-бабаларың жаткан жайга тынчтык менен кетесиң, бакыбат өмүр сүрүп, көргө коюласың. 16 Бул жерге алардын төртүнчү тукуму кайтып келет, анткени аморлуктардын мыйзамсыздыгы чегине жете элек». 17 Күн батары менен караңгылык каптап, мештен чыккандай түтүн менен от жалыны бири-биринин тушуна коюлган бөлүктөрдүн ортосунан өттү. 18 Бул күнү Теңир Ыбрам менен мындай келишим түздү: «Мен сенин укумтукумуңа бул жерди, Мисир дарыясынан тартып улуу Эфрат дарыясына чейинки:

КОММЕНТАРИЙ 45


КУРАНДА: 1. Ыбрайым Кудайдан өлгөндөрдү тирилте аларын сурап, жышаан күттү. Кудай союлган жана жиликтелген куштарды кайра тирилтип Ыбрайымга алып келди, Кудай Өз күчүн көргөздү. Ушул сыяктуу суроо дагы 259 аятта (Сүрө 2, аят 259) да берилген («Жезекиел» тууралуу бөлүмдү да карагыла).

БИБЛИЯДА: 1. Ыбрайым Кудайдан Ханаан жергесин ээлеп кала турганы тууралуу убадасын тастыктоо үчүн Андан жышаан сурайт. Кудай муну кылыш үчүн Ыбрайымга курмандык камда деп буйрук кылды. Ар бир курмандыкжаныбар бөлүк-бөлүкө кесилген, ал эми канатуулар бүтүн бойдон калган. Ошодон кийин Кудай Ыйбрайм жана анын урпактары менен келишим түзөт.

КУРАН “ЫБРАЙЫМ МАМРДА КУДАЙДЫ ЖОЛУКТУРАТ” СҮРӨ 11 ХУД 69. Биздин периште элчилерибиз Ибрахимге куш кабар алып келгенде, ага салам айтышты. Салам - деди Ибрахим жана дароо куурулган музоонун этин алып келди. 70. Алардын колу тамакка созулбай турганын көргөндө, алардан шек санап, кооптоно түштү. Алар: Коркпогун, биз Лут коомуна жиберилген азаптоочу элчилер болобуз - дешти. 71. Ибрахимдин аялы кызмат кылып турган. Болгон сөздү угуп күлүп жиберди. Биз периштелер аркылуу ага жакында төрөй турган баласы Исхактын жана Исхактын артынан Я’кубдун кушкабарын билдирдик. 72. Ал: Шорум курусун! Мен төрөйт бекемин! Өзүм кемпир, бул эрим чал болуп калган болсок?! Бул кызык нерсе го! - деди. 46


73. Периштелер айтышты: Аллахтын буйругуна таӉ каласыӉбы? О, куттуу үй-бүлөө! Силерге Аллахтын ырайым, берекелери төгүлсүн! Ал Даӊазалуу, Улук! 74. Ибрахимдин кооптонуусу тарап, ага куш кабар келгенде Биз жиберген периштелер менен Лут коому жөнүндө талаша баштады. 75. Чынында Ибрахим пейили жумшак, Аллахка өтө берилген ибадатчы киши эле. СҮРӨ 51 ЗААРИЯТ 24. О, Мухаммед! Сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле? 25. Бир кезде алар ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам бейтааныш кишилер» деди. 26. Анан, сездирбей гана үй-бүлөөсүнө барып, семиз музоонун бышкан этин алып келди. 27. Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиӉер?» деди. 28. Андан соӉ алардан кооптоно түштү. -Сен корпогун-дешти алар жана ага бир аалым перзенттин куш кабарын беришти. 29. Анын аялы кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: Мен туубас кемпирмин го?! 30. Раббиӊ ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү - дешти периштелер. 31. О, элчилер, эмне жумуш менен - деди. 32. Периштелер айтты: Биз күнөөкөр коомго жиберилдик. 33. Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн, 34. Ал ысырапчылар үчүн Раббиӊдин алдында белгиленип коюлган. 35. Биз ыймандууларды шаардан чыгардык. 36. Ал жерде бир гана Лутка тиешелүү үйдөн башка мусулмандарды таппадык.

БИБЛИЯ

47


“ЫБРАЙЫМ МАМРДА КУДАЙДЫ ЖОЛУКТУРАТ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 18 1 Теңир Мамрей деген эмен токоюнун жанында Ыбрайымга келди. Ал күн ысыкта чатырдын кире беришинде отурган. 2 Ал башын көтөрүп караса, тушунда үч эркек киши турган экен. Аларды көрүп, чатырдын кире беришинен утурлай чуркап барып, аларга жерге чейин башын ийип таазим этти. 3 Анан мындай деди: «Эгедерим! Эгерде мен Сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, кулуңдун жанынан кыя өтпө. 4 Азыр бир аз суу алып келип, бутуңарды жууп беришет. Ушул дарактын түбүндө эс алгыла. 5 Мен тамак-аш алып келейин, кубаттанып алып, жолго чыккыла, анткени кулуңардын жанынан өтүп баратасыңар». Алар ага: «Айтканыңдай кыл», – дешти. 6 Ошондо Ыбрайым чатырга шашып кирип, Саарага мындай деди: «Бол тезирээк, эң жакшы ундан үч сата камыр жууруп, ачыткысыз нан жасай кой». 7 Анан Ыбрайым бадага чуркап барып, бир жакшы жаш музоону алып келип, уланга карматты. Улан аны даярдаганга шашты. 8 Анан май, сүт, бышырылган музоо этин алып келип, алардын алдына койду. Алар тамак жеп жатышканда, өзү алардын жанында, дарактын түбүндө турду. 9 Алар андан: «Аялың Саара кайда?» – деп сурашты. Ал: «Ушул жерде, чатырда», – деп жооп берди. 10 Алардын бири мындай деди: «Мен келерки жылы ушул эле убакта сеникинде болом, ошондо аялың Саара уулдуу болот». Саара болсо анын артындагы чатырдын оозунда угуп турган эле. 11 Ыбрайым менен Саара картайып, улгайып калышкан эле. Сааранын аялдарга мүнөздүү нерсеси токтоп калган болчу. 12 Саара ичинен күлүп: «Картайып калганда, мага ушундай сооронуч болмок беле? Мырзам да кары», – деди. 13 Ошондо Теңир Ыбрайымга мындай деди: «“Картайып калганымда кантип эле төрөйүн?” – деп, Саара эмне үчүн күлдү? 14 Теңир үчүн кыйын нерсе барбы? Келерки жылы, айтылган мөөнөттө Мен сеникинде болом, ошондо Саара уулдуу болот». 48


15 Саара болсо: «Мен күлгөн жокмун», – деп, мойнуна албай койду. Анткени ал коркуп кеткен эле. Бирок Ал: «Жок, сен күлдүң», – деди.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Ыбрайымга Кудайдын бир нече элчилери келди. 2. Ыбрайым аларга тамак берди, бирок алар жешкене жок. 3. Сара боюна бүтпөстүгүн, ишенбестигин сыртына чыгарып, катуу эле айтты. БИБЛИЯДА: 1. Кудай эки периштеси аркылуу Өзү Ыбрайымга жолукту. 2. Ыбрайым аларга тамак берди, алар жешти. 3. Сарра ичинен күлдү, анткени кары кезинде уул төрөрүн укту, бирок коркуп кетип Кудайдын убадасына ишенбестигин мойнуна албай койду.

КУРАН 49


“ЛОТТУН МИССИЯСЫ” СҮРӨ 7 А’РАФ 80. О, Мухаммед! Лут Пайгамбарды да эстегин. Бир кезде ал коомуна: О! Силерге чейин ааламдарда эч бир адам жасабаган бузукулукту жасайсыӊарбы?! 81. Силер аялдар бул жакта калып, эркектерге кумар менен келип жатасыӊарбы? Жок! Силер чектен чыккан коомсуӊар! - деди. 82. Коому ага: Аларды айылыӉардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар экен! - деген сөз менен гана жооп берди. 83. Анан Биз Лут менен анын үй-бүлөөсүн куткардык. Бир гана аялын куткарбадык. Ал азапка калуучулардан болду. 84. Кийин Биз алардын үстүнө жамгыр жаадырдык! Кылмышкерлердин акыбети кандай болгонун кара! СҮРӨ 11 ХУД 77. Биздин элчилерибиз Лутка келгенде, булар себептүү капаланып жана кыжаалт болуп «Бул оор күн болот го!» деди. 78. Мындан мурун бузук иштерди кылып жүргөн коомунун адамдары анын алдында чуркаган бойдон жетип келишти. О, коомум - деди Лут - мына бул менин кыздарым тазараак силер үчүн. Аллахтан корккула! Мени меймандарымдын алдында шерменде кылбагыла! Силердин араӊарда акылы соо адам калган эмеспи? 79. Айтышты: Кыздарыӊа биздин каалообуз жок экенин билесиӊ. Чынын айтканда, биз эмнени каалап жатканыбызды билип эле турасыӊ да? 80. Анда Лут мындай деди: силерге кубатым жеткенде же болбосо, жөлөнөөр бекем тирегим болгондо кана, атаганат! 81. Периштелер айтты: О, Лут! Биз Раббиӊдин элчилери болобуз. Алар сага катыла албайт. Сен түндүн бир бөлүгүндө үй-бүлөөӉдү чыгарып кет. Эч кимиӉер артына карабасын! Бир гана аялыӉды куткарууга аракет кылба. Чынында, аларга жетүүчү азап ага да жетет. Алардын убадалары таӊга маал. Таӊ мезгили жакын эмеспи! 82. Анан, Биздин буйругубуз келгенде, астын үстүнө төӊкөрүп, асмандан токтоосуз чопо-таш жаадырдык. 50


83. Ал таштар Раббиӊидн алдында белгиленген. Мындай азаптар заалымдардан алыс эмес! СҮРӨ 15 ХИЖР 61. Элчилер Луттун үй-бүлөөсүнө келгенде, 62. Ал: Силер бейтааныш коомсуӊарбы? - деди. 63. Элчилер айтышты: Жок, биз бузулган коомуӊ күмөн санаган нерсени алып келдик. 64. Биз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз. 65. Эми, түндүн бир бөлүгүндө үй-бүлөөӉдү алып чык дагы, өзүӊ артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын жана буйрулган тарапка кете бергиле. 66. Биз Лутка таӊга маал ошол коомдун куйругу кыркылышы жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык. 67. Анан, шаардын элдери сүйүнгөн жетип келишти. 68. Лут: Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла! 69. Аллахтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө! - деди. 70. Айтты: Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле? 71. Лут: Эгер бул иштен кайра тартпасаӊар, мына, менин кыздарым - деди. 72. О, Мухаммед! Өмүрүӊө ант, алар мастыгында көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле! 73. Анан..., Күн чыгаар мезгилде аларды ач айкырык кармады. 74. Анан Биз шаардын асты жагын үстүнө көӊтөрүп, алардын үстүнө чопоташтарды жамгырдай жаадырдык! 75. Албетте бул окуяда парасаттуу адамдар үчүн белгилер бар. СҮРӨ 26 ШУАРА 160. Лут коому дагы Пайгамбарларды жалганчы деди. 161. Бир кезде аларга бурадарлары Лут айтты: коркпойсуӊарбы? 162. Мен силерге ишенимдүү Пайгамбармын. 163. Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула. 164. Мен дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет. 165. О, коом, силер ааламдардын арасынан эркектерге келесиӊерби? 51


166. Раббиӊер силер үчүн жаратып койгон аялдарыӊарды таштайсыӊарбы? Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыӊар! 167. О, Лут! - дешти - эгер токтотпосоӉ, чыгарып жиберебиз! 168. Айтты: Мен силердин ишиӊерден жийиркенем! 169. О, Раббим! Мени жана үй-бүлөөмдү алардын ишинен ӨзүӉ сакта! 170. Жана Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөөсүн куткардык. 171. Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык. 172. Кийин ошол кемпирге кошуп башкаларды да кыйраттык. 173. Жана алардын үстүнө жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин жамгыры кандай жаман! СҮРӨ 27 НАМЛ 54. Жана Лутту да эстегин. Бир кезде ал коомуна: Силер көрүп, билип туруп бузукулук жасай бересиӊерби? 55. Аялдар калып, эркектерге кумар менен келе бересиӊерби? Жок! Силер тап-такыр наадан коом экенсиӊер! - деди. 56. Коомунун ага берген жообу бул гана болду: Луттун үй-бүлөөсүн шаардан айдап чыккыла! Алар таза адамдар имиш! 57. Кийин Биз Лут менен анын үй-бүлөөсүн куткардык. Бир гана аялын куткарбадык. Биз ага кыйрагандардан болууну тагдыр кылган элек. 58. Жана алардын үстүнө жамгырын жаадырдык. Эскертилгендердин жамгыры аябай жаман болду. СҮРӨ 29 АНКАБУТ 26. Андан соӊ, Лут ыйман келтирди. Жана Ибрахим айтты: Мен Раббим тарапка кеттим. Чынында, Аллах - Кудуреттүү, Даанышман! 27. Жана Биз ага Исхак мене Я’кубду белек кылып бердик. Анын урпактарынын арасында пайгамбарлык жана Китеп пайда кылдык. Жана ага дүйнөдө өз сыйлыгын бердик. Ал Акыретте да салих кишилерден. 28. Жана Лутту. Бир кезде ал коомуна: Силер өзүӊөрдөн мунун өткөн ааламдардан эч ким жасабаган бузук ишти жасап жатасыӊар: 29. Эркектерге келе жатасыӊар, жол тосуучулук кылып жатасыӊар жана чогулган жериӊерде күнөө иштерди жасап жатасыӊар! Коомунун жообу: 52


Эгер чынчылдардан болсоӊ, биздин үстүбүзгө Аллахтын азабын түшүрчү! деген сөздөр гана болду. 30. О, Раббим! Бузулган коомго каршы мага жардам бер! - деди. 31. Биздин периштелерибиз Ибрахимге кушкабар алып келген учурда: Биз мына бул шаардын элин кыйратуучуларбыз. Чынында, анын элдери заалым болуп кетишиптир - дешти. 32. Ал шаардын ичинде Лут бар го! - деди. Ал жерде ким бар экенин жакшыраак билебиз. Биз Лут менен үй-бүлөөсүн куткарабыз. Бирок, анын аялын гана куткарбайбыз. Ал кыйроочулардан болду. 33. Жана качан Биздин периште-элчилерибиз Лутка келген учурда, булар себептүү жаман абалга түшүп, жүрөгү кысылды. Алар: Коркпогун жана капа болбогун. Биз сени жана үй-бүлөөӉдү - бир аялыӉдан башкасын куткарабыз. Кыйроого учурай тургандардан болду. 34. Албетте биз бул шаардын үстүнө, жасаган бузукулуктарынын жазасына асмандан азап түшүрөбүз - дешти. 35. Биз ал шаардын акылдуу адамдарга белги болсун деп жөн койдук. СҮРӨ 50 КАФ 12. Алардан мурун Нухтун коому, кудук элдери жана Самуд коому Пайгамбарларын жалганчы дешкен. 13. Аад коому, Фираун, Луттун каапыр бурадарлары дагы.

БИБЛИЯ

53


“ЛОТТУН МИССИЯСЫ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 13 7 Бир күнү Ыбрам менен Лоттун койчуларынын ортосунда талаш болду. Ал жерде ошол кезде канаандыктар менен периздиктер жашап турушкан эле. 8 Ошондо Ыбрам Лотко мындай деди: «Сен экөөбүздүн, малчыларыбыздын ортосунда чыр-чатак болбосун, анткени экөөбүз тууганбыз. 9 Мына, бардык жер сенин алдыңда. Менден бөлүн. Эгерде сен сол тарапка кетсең, мен оң тарапка кетейин. Эгерде сен оң тарапка кетсең, мен сол тарапка кетейин». 10 Лот көз чаптырып, Иордандын бүт тегерек-четин көрдү. Теңир Содом менен Аморду жок кыла электе, Соарга чейинки бардык жерлер Теңирдин багындай, Мисир жериндей сугарылып турчу. 11 Ошондо Лот өзүнө Иордандын бүт тегерек-четин тандады да, чыгышты көздөй жөнөдү. Ошентип, алар бири-биринен бөлүнүштү. 12 Ыбрам Канаан жеринде жашап калды, ал эми Лот тегерек-четтеги шаарларда жашап, өз чатырларын Содомго чейин тикти. 13 Содомдун тургундары болсо Теңирдин алдында күнөөгө баткан жаман адамдар эле. 14 Лот Ыбрамдан бөлүнүп кеткенден кийин, Теңир Ыбрамга мындай деди: «Азыркы турган ордуңдан түндүккө, түштүккө, чыгышка жана батышка көз чаптырып кара. 15 Анткени сен көрүп турган жердин бардыгын Мен сага жана сенин укумтукумуңа түбөлүккө берем. 16 Сенин укум-тукумуңду кумдай көп кылам. Ким кумду санай алат? Эгерде ал саналса, анда сенин укум-тукумуң да саналат. 17 Тургун да, мына бул жерди узун-туурасынан аралап чык, анткени Мен аны сага берем». 18 Ыбрам чатырын жыйнап, Хеброндогу Мамрей деген эмен токоюнун жанына барып жайланышты. Ал жерде Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курду. БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 14 11 Жеңгендер Содом менен Амордун бардык мал-мүлкүн жана болгон азыгын талап-тоноп кетишти. 54


12 Содомдо жашаган Ыбрамдын иниси Лотту да мал-мүлкү менен кошо алып кетишти. ПЕТИРДИН ЭКИНЧИ КАТЫ БӨЛҮМ 2 6 эгерде Кудай келечектеги кудайсыздарга сабак болсун деп, Содом жана Амор шаарларын кыйратууга өкүм чыгарып, күлгө айлантып салса, 7-8 ал эми мыйзамсыздардын арасында жашап, алардын бузулган жашоосун, мыйзамсыз иштерин угуп-көрүп, күн сайын жаны кыйналган адил Лотту куткарып калса, 9 анда Теңир такыбааларды азгырыктардан кантип куткарууну, ал эми адилетсиздерди, БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 19 1 Лот Содомдун дарбазасынын жанында отурганда, жанагы эки периште кечинде Содомго келди. Лот аларды көрө коюп, тосуп алуу үчүн, ордунан туруп, жерге чейин башын ийип таазим этип, мындай деди: 2 «Мырзаларым! Кулуңардын үйүнө кирип, түнөп кеткиле, бутуңарды жууп алгыла, эртең менен туруп, жолуңарды улантасыңар». Бирок алар: «Жок, биз көчөгө түнөйбүз», – дешти. 3 Ал аябай өтүнүп сурангандыктан, алар аныкына бет алып, үйүнө келишти. Лот аларга сый көрсөттү, ачыткысыз нан жасады. Алар жешти. 4 Алар жата электе, содомдуктардын жаш-карысы дебей, шаардын бардык тегерек-четинен келген эл үйдү тегеректеп алышты. 5 Лотту чакырып, ага мындай дешти: «Сага түнөккө келген кишилер кайда? Аларды бизге чыгарып бер. Биз аларга жакындайбыз». 6 Лот кире беришке чыгып, өзүнүн аркасынан эшикти бекитти. 7 Анан мындай деди: «Агайын-туугандар, жамандык кылбагыла. 8 Менин эркек көрө элек эки кызым бар, мен аларды чыгарып берейин, аларга каалаганыңарды кылгыла, бирок бул кишилерге тийбегиле, анткени булар менин үйүмө келишти». 9 Бирок алар: «Бери кел. Карасаң муну, келгин болуп туруп соттошкусу бар! Эми биз сага аларга кылгандан да жаман кылабыз», – деп, Лотту жөөлөп, эшикти сындырмакчы болушту. 10 Ошондо жанагы кишилер колдорун сунуп, Лотту үйгө тартып киргизип, эшикти бекитип салышты. 55


11 Ал эми үйдүн кире беришиндеги адамдарды жашынан карысына чейин сокур кылып салышкандыктан, алар эшикти таба албай кыйналышты. 12 Жанагы кишилер Лотко мындай дешти: «Бул жерде дагы кимиң бар? Күйөө балаң болобу, уулдарың болобу, кыздарың болобу, шаарда кимиң болбосун, бардыгын бул жерден алып чык. 13 Анткени биз бул жерди жок кылабыз. Анын тургундарынан кордук көргөндөрдүн зар-муңу Теңирге жетти, Теңир аны жок кылыш үчүн, бизди жиберди». 14 Ошондо Лот чыгып, болочок күйөө балдарына мындай деди: «Тургула, бул жерден чыгып кеткиле, анткени Теңир бул шаарды жок кылат». Бирок күйөө балдарына ал тамашалап жаткандай көрүндү. 15 Таң атары менен периштелер: «Шаардын мыйзамсыздыктары үчүн өлүп калбашың үчүн, ордуңан туруп, аялыңды жана колуңдагы эки кызыңды алып чык», – деп, Лотту шаштыра башташты. 16 Лот шашпагандыктан, жанагы кишилер Теңирдин ага болгон ырайымынан улам аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышты. 17 Аларды сыртка чыгаргандан кийин, алардын бири мындай деди: «Өз жаныңды сакта, артыңа кылчайып караба, бул тегеректин эч жерине токтобо, өлүп калбашың үчүн, тоого кач». 18 Бирок Лот аларга мындай деди: «Жок, Эгедерим! 19 Мына, Сенин кулуң Сенин алдыңда ырайым тапты, мага чоң ырайым көрсөтүп, менин өмүрүмдү сактап калдың, бирок тоого качып кете албайм, анткени кырсыкка кабылып өлүп калышым мүмкүн. 20 Качып барууга мына бул шаар жакын, ал чакан шаар эмеспи. Ошол жакка качайын, чакан шаар эмеспи. Аман калам». 21 Ошондо Ал ага: «Макул, сенин каалооң боюнча Мен сен айткан шаарды кыйратпайын. 22 Тезирээк ошол жакка кач, анткени сен ал жакка жетмейинче, Мен эч нерсе кыла албайм», – деди. Ошондон улам ал шаар Соар деп аталып калган. 23 Жер бетине күн чыкканда, Лот Соарга келди. 24 Ошондо Теңир Содом менен Аморго асмандан Теңирден болгон күкүрт менен отту жамгыр кылып төктү. 25 Ошентип, Теңир бул шаарларды, алардын тегерек-четин, адамдарынан тартып, өсүмдүктөрүнө чейин кыйратып салды. 26 Аялы болсо Лоттун артынан келе жатып, кылчайып артын карады эле, туз мамыча болуп калды. 56


27 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, мурун Теңирдин алдында турган жерине жөнөдү. 28 Ал Содом менен Аморго жана алардын тегерек-четине көз чаптырып караса, жерден мештин түтүнүндөй болгон түтүн көтөрүлүп жатыптыр. 29 Кудай бул тегеректеги шаарларды кыйратып жатып, Ыбрайымды эстеди да, Лот жашаган шаарларды кыйратып жатканда, ал жерден Лотту алып чыкты. 30 Лот Соардан чыгып, эки кызы менен бирге тоодо жашап калды, анткени ал Соарда жашагандан коркту. Ал эки кызы менен бирге үңкүрдө жашап турду. 31 Ошондо эжеси сиңдисине: «Атабыз картайды. Бүт жер жүзүнүн салты боюнча жер үстүндө бизге жакындай турган адам жок. 32 Ошондуктан атабызды шарапка тойгузуп, аны менен жатып, атабыздан тукум улайлы», – деди. 33 Алар ошол түнү өз атасын шарапка тойгузушту. Анан эжеси кирип, өз атасы менен жатты. Атасы болсо анын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок. 34 Эртеси күнү эжеси сиңдисине: «Мен кечээ атам менен жаттым. Бүгүн түндө да аны шарапка тойгузалы. Анан сен кирип, аны менен жат, атабыздан тукум улайлы», – деди. 35 Алар бул түнү да атасын шарапка тойгузушту. Анан сиңдиси кирип, өз атасы менен жатты. Атасы болсо анын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок. 36 Ошентип, Лоттун эки кызы тең өз атасынан кош бойлуу болуп калышты. 37 Эжеси уул төрөп, атын Маап койду. Ал – ушул күнгө чейин Маап элинин атасы. 38 Сиңдиси да уул төрөп, атын Бен-Ами койду. Ал – ушул күнгө чейин Амон элинин атасы.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Кудай Лотту Содомдун бузулган элине күбө катары эскерткени жиберди, бирок эл анын айтканын кабыл алган жок. Лот Кудайдан өз үй-бүлөөсүн 57


куткарып, ал эми бузулган содомдуктарды кырып сал деп суранды. Кудай анын айтканын аткарып берди. 2. Лоттун аялынын өлүмү алдын ала эле маӊдайына жазылып коюлган. 3. Периштелер Ыбрайымга Содомдун кыйрашы тууралуу «жакшы кабарды» угузганы келишкен. 4. Лоттун бир-туугандары же кошуналары шаардан качып кутулуу керек деген эскертүүсүн угушкан жок.

БИБЛИЯДА: 1. Лот Содом жерин Кудайдын каалоосу боюнча эмес эле, ал жердин байлыгы үчүн тандап алган. Ал Содомдо бутуна турду. Периштелер Лоттун үйүндө калгылары келген эмес, буга чейин алар Ыбрайымдын үйүнө келип, ал жерден тамак ичишкен, бул руханий жетилген нагыз ишенүүчүнүн үлгүсү. Лот болсо денелик ишенүүчүнүн үлгүсү. Лотко периштелер эскертүү бергенден кийин да ал өз мүлкүн, үйүн таштап кете алган жок, ошондо периштелер аны шаардан күч менен алып чыгышты: «...Лот шашпагандыктан, жанагы кишилер Теңирдин ага болгон ырайымынан улам аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышты...». Лот Кудайдан Содомду жок кылып сал деп сураган эмес, ал акырына чейин кете албады. Бул жерде Нухтун учурундагыдай эле Кудай өз каалоосу боюнча Аны кыжырланткан адамдарды жок кылууну чечкен, бирөөнүн суроосу боюнча эмес. 2. Периштелер Лоттун гана үй-бүлөөсүн куткарышкан: «...аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышты...», жана бул жерде аялынын өлүшү маӊдайына жазылып коюлганы тууралуу эч нерсе жок. Лоттун аялы өзү айтылган эскертүүнү аткарбай коюп өлүмгө дуушар болду, ал шаардан алыстап калган болчу. 3. Кудай Өзү Ыбрайымга Содомдун кыйрашы тууралуу айтып берди, жана Ал бул кабарды жакшы кабар деп атаган эмес. Ыбрайым бул шаардагы бир нече адил адам үчүн бул жерди кыйратпай эле койчу деп да сурнанган. Кудай макулдугун берди, бирок, бул шаарда жада калса он адил адам табылган жок. 58


4. Бир-туугандары эмес, кошуналары эмес - күйөө балдары ишенбей койгон шаардын кыйроосуна, булардан башка эч ким шаарда алаамат тууралуу уккан эмес.

КУРАН “ЫБРАЙЫМ УУЛУН КУРМАНЫДККА АЛЫП КЕЛЕТ” СҮРӨ 37 СТОЯЩИЕ В РЯД 99. Ибрахим айтты: Мен Раббиме кетемин! Ал мени Туура Жолго баштайт! 100. О, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан берчи! 101. Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент менен сүйүнчү кабар бердик. 102. Качан ал перзент Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, О, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиӉ? деди. - Атакем, деди ал, буйрулганды аткара бериӉиз. Аллах кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз. 103. Экөөсү моюн сунуп, атасы аны маӊдайы менен жерге жаткырганда... 104. О, Ибрахим! - деп добуш кылдык 105. Сен түшүӊдү ырас билип аткардыӊ. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз. 106. Чынында, бул анык сыноо болгон. 107. Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик. 108. Биз аны кийнки муундардын арасында калтырдык. 109. Ибрахимге Аллахтын саламы болсун! 110. Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз. 111. Чынында ал Биздин момун пенделерибизден болгон. 59


112. Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. Исхак салих пайгамбарлардын бири. 113. Биз Ибрахимге жана Исхакка берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшылар да, өзүнө анык зулум кылгандар да чыкты.

БИБЛИЯ “ЫБРАЙЫМ УУЛУН КУРМАНЫДККА АЛЫП КЕЛЕТ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 21 1 Теңир Өзү айтканындай, Саарага назарын салып, ага айткан сөзүн аткарды. 2 Сааранын боюна бүтүп, Кудай айткан мезгилде, Ыбрайым картайган кезде, ага уул төрөп берди. 3 Ыбрайым өзүнүн Саарадан төрөлгөн уулуна Ыскак деген ат койду. 4 Кудай ага осуяттагандай, сегизинчи күнү Ыбрайым өз уулу Ыскакты сүннөткө отургузду. 5 Уулу Ыскак төрөлгөндө, Ыбрайым жүз жашта эле. 6 Ошондо Саара: «Кудай мени күлкү кылды. Мен жөнүндө ким укса да, күлөт го. 7 “Саара бала эмизет”, – деп, Ыбрайымга ким айтмак? Бирок ал карыган кезде мен ага уул төрөп бердим», – деди. 8 Бала чоңоюп, эмчектен чыгарылды. Ыскак эмчектен чыгарылган күнү Ыбрайым чоң той берди. 9 Саара мисирлик Ажардын Ыбрайымга төрөп берген уулунун Ыскакты шылдыңдап жатканын көрүп калып, 10 Ыбрайымга мындай деди: «Бул күңдү уулу менен кошо кууп чык, анткени анын уулу менин уулум Ыскак менен бирге мураскор болбойт». 11 Ысмайыл жөнүндө айтылган бул сөз Ыбрайымга катуу тийди. 12 Бирок Кудай Ыбрайымга: «Уулуң менен күңүң үчүн кайгырба. Сааранын айтканынын баарын кыл, анын тилин ал, анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт. 13 Күңүңдүн уулунан да Мен эл жаратам, анткени ал сенин уулуң», – деди.

60


14 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, тамак-аш жана бир чанач суу алып, Ажардын ийнине артып, баласын колуна берип, аны коө берди. Ажар кетип бара жатып, Бейер-Шеба чөлүндө адашып калды. 15 Чаначта суу калбай калгандыктан, баласын бадалдын түбүнө калтырып, 16 жаа жебеси жеткидей, алыс барып отурду да: «Баланын өлгөнүн көргүм келбейт», – деп, анын каршысында отуруп алып, боздоп ыйлады. 17 Кудай баланын үнүн укту. Ошондо асмандан Кудайдын периштеси Ажарды чакырып: «Ажар, сага эмне болду? Коркпо, Кудай баланын үнүн жаткан жеринен укту. 18 Ордуңан туруп, баланы тургузуп, колунан ал, анткени Мен андан улуу эл чыгарам», – деди. 19 Кудай Ажардын көзүн ачты, ошондо ал суусу бар кудукту көрдү. Анан ал барып, чаначка толтура суу алып келип, балага ичирди. 20 Кудай бала менен болду. Ал чоңоюп, чөлдө жашап калды. Жаа тарткан мергенчи болду. 21 Ал Паран чөлүндө жашады. Энеси ага Мисир жеринен аял алып берди. 22 Ошол убакта мындай окуя болду: Абы-Мелек өзүнүн аскер башчысы Пихол менен келип, Ыбрайымга: «Эмне кылсаң да, бардык иште Кудай сени менен экен. 23 Сен азыр ушул жерде мага: “Сени да, уулуңду да, небереңди да таарынтпайм”, – деп, Кудай менен ант бер. Мен сага кандай жакшылык кылсам, сен да мага жана өзүң жашап турган жерге ошондой жакшылык кыл», – деди. 24 Ошондо Ыбрайым: «Ант берем», – деди. 25 Анан Ыбрайым Абы-Мелектин кулдары суусу бар кудукту тартып алганы үчүн, Абы-Мелекти жемеледи. 26 Абы-Мелек болсо: «Муну ким кылганын билбеймин, сен да мага айткан эмессиң. Мен ал жөнүндө ушуга чейин уккан эмесмин», – деди. 27 Ошондо Ыбрайым майда жана бодо малдан алып, Абы-Мелекке берди. Ошентип, экөө тынчтык келишимин түзүштү. 28 Ыбрайым майда малдан жети козуну өзгөчө бөлүп койду. 29 Абы-Мелек болсо Ыбрайымдан: «Жети козуну бул жерге өзүнчө бөлүп койгонуң эмнең?» – деп сурады. 30 Ал ага: «Бул жети козуну менин колумдан ал, кудукту мен казганыма булар күбө болсун», – деп жооп берди. 61


31 Ошондуктан ал бул жерди Бейер-Шеба деп атады, анткени бул жерде экөө антташты. 32 Ошентип, Бейер-Шебада тынчтык келишими түзүлдү. Абы-Мелек менен аскер башчысы Пихол Пелишти жерине кайтышты. 33 Ыбрайым Бейер-Шебанын жанына токойчо отургузуп, ал жерде түбөлүктүү Кудай-Теңирдин атын чакырды. 34 Ошентип, Ыбрайым Пелишти жеринде келгин болуп, көп жыл жашады. БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 22 1 Ушул окуялардан кийин Кудай Ыбрайымды сынады. Ал ага: «Ыбрайым!» – деди. Ыбрайым болсо: «Мына мен», – деди. 2 Ошондо Кудай мындай деди: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мориа жерине бар. Мен сага ал жердеги тоолордун бирин айтам, ошол жерде аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал». 3 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, эшегин токуп, өзү менен кошо малай балдарынан экөөнү жана уулу Ыскакты алып, жолго чыкты. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн отун жарып алып, Кудай айткан жерге барды. 4 Yчүнчү күнү Ыбрайым көз чаптырып, алыстан ал жерди көрдү. 5 Анан Ыбрайым малай балдарына: «Силер бул жерде эшек менен калгыла. Ал эми уулум экөөбүз тигил жакка барып, сыйынып, анан силерге кайтып келебиз», – деди. 6 Ыбрайым бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка дайындалган отунду уулу Ыскактын жонуна артып, колуна от менен бычак алды. Анан экөө бирге жөнөдү. 7 Ошондо Ыскак атасы Ыбрайымга: «Ата!» – деди. Ал: «Мына мен, уулум», – деди. Ыскак: «От менен отун мына, ал эми бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынуучу козу кана?» – деп сурады. 8 Ыбрайым ага: «Уулум, Кудай Өзүнө чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козуну Өзү караштырат», – деп жооп берди. Алар андан ары жөнөштү. 9 Ошентип, алар Кудай айткан жерге келишти. Ыбрайым ал жерге курмандык чалынуучу жай куруп, отундарды коюп, өз уулу Ыскакты байлап, аны курмандык чалынуучу жайга, отундардын үстүнө жаткырды. 10 Анан Ыбрайым өз уулун мууздаш үчүн колун сунуп, бычагын алды. 62


11 Бирок асмандан Теңирдин периштеси: «Ыбрайым! Ыбрайым!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен», – деди. 12 Периште ага: «Балаңа кол көтөрбө, ага эч нерсе кылба, анткени Мен эми сенин Кудайдан коркоруңду, Мен үчүн жалгыз уулуңду да аябаганыңды билдим», – деди. 13 Ыбрайым көз чаптырып караса, артында мүйүзү калың бадалга илинип калган бир кочкор турган экен. Ыбрайым басып барып, ал кочкорду алып, уулунун ордуна бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды. 14 Анан Ыбрайым ошол жердин атын Жахаба-ире деп атады. Ошондон улам «Жахаба тоосунда караштырылат» деген сөз айтылып калган. 15 Теңирдин периштеси асмандан Ыбрайымды экинчи ирет чакырып, мындай деди: 16 «Өзүңдүн жалгыз уулуңду аябастан, ушул ишти кылганың үчүн, Өзүм менен ант берем, – дейт Теңир. 17 Эми Мен сени алкагандан алкайм, сенин тукумуңду асмандагы жылдыздардай, деңиз жээгиндеги кумдай көбөйткөндөн көбөйтөм. Сенин тукумуң өз душмандарынын шаарларын ээлеп алат. 18 Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат». 19 Анан Ыбрайым малай балдарына кайтып келип, алар менен бирге БейерШебага жөнөдү. Ыбрайым Бейер-Шебада жашап турду. 20 Бул окуялардан кийин Ыбрайымга мындай кабар айтылды: «Милка да сенин бир тууганың Нахорго бул уулдарды төрөп берди: 21 тун баласы Усту, анын бир тууганы Бузду, Арамдын атасы Кемуелди, 22 Кесетти, Хазону, Пилдашты, Жидлапты жана Бетуелди. 23 Бетуелден Ребека төрөлдү. Ушул сегизин тең Ыбрайымдын бир тууганы Нахорго Милка төрөп берди. 24 Рейум аттуу күң аялы да Тебахты, Гахамды, Тахашты жана Мааханы төрөдү».

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Ыбрайым Кудайдан орун басар (перзент) сурады, ошондо Кудай: «Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент менен сүйүнчү кабар бердик...» 63


2. Ыбрайым уулун курмандыкка чалып жатканын түш көрүп, бул түшү тууралуу уула айтып, анын оюн сурады, уулу муну туура көрүп, курмандык болууга макул болду, Кудайдын эркин аткарып, атасын курманыдк кылууга шыктандырды. 3. Кудай Ыбрайымдын тилалчактыгы үчүн ага белек кылды: «Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик...» 4. Ошондон кийин гана Кудай Ыбрайымга муну айтты: «Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик».

БИБЛИЯДА: 1. Кудай Өзү Ыбрайымга убада берген, ал сурана электе эле: «Мен сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, атыңды даңазалайм, сен аркылуу башкалар бата алышат» БАШТАЛЫШ 12:2, 15 Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: «Аялың Сараны Сара дебе, анын аты Саара болот. 16 Мен ага батамды берем. Андан сага уул берем. Саарага батамды берем, андан элдер, элдердин падышалары чыгат». 17 Ошондо Ыбрайым жүзтөмөндөп жыгылып: «Кантип эле жүзгө чыккан адамдан уул төрөлсүн? БАШТАЛЫШ 17:15-17 Ыбрайым улгайып калган аялынан бала төрөйт деп күткөн эмес. 2. Кудай Ыбрайымга мынай деди: «Ошондо Кудай мындай деди: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мориа жерине бар. Мен сага ал жердеги тоолордун бирин айтам, ошол жерде аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал». «Ошондо Ыскак атасы Ыбрайымга: «Ата!» – деди. Ал: «Мына мен, уулум», – деди. Ыскак: «От менен отун мына, ал эми бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынуучу козу кана?» – деп сурады.» Искак акырына чейин курманыкка чалынаарын билген эмес. 3. Кудай Ыбрайымдын ишенимин текшерди, жана ошону менен Кудайга ишенген Ысрайыл элине жана бүт адамзатка бата болуп калды: «Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат». 64


4. Искактын курмандыкка чалына турган убактысына чейин эле Ыбрайым Ысмайылды кетирип (кууп) жиберген. Ал эми исламдык окумуштуулар курмандыкка Искак эмес Ысмайыл алынып келинген деп айтышат. Куранда курмандыкка алынып барган уулунун ысымы жазылган эмес, бирок 112 аятта Искак бул курмандыктын окуясы бүткөндөн кийин туулган деген маалыматты берет. Библия болсо ар бир окуяны так ирээти менен берет: а) Искактын төрөлүшү б) Кийинчерээк, Саара Ысмайылдын Искакты сабап жатканын көрүп калып, Ыбрайымдан Агарды жана анын баласы Ысмайылды кетирип жиберишин талап кылат, Кудай муну туура тапты. в) Бул окуялардан кийин Ыбрайым: «Ошентип, Ыбрайым Пелишти жеринде келгин болуп, көп жыл жашады» г) Кудай так жана таамай айтты: курмандыкка Искак чалынышы керек деп.

БӨЛҮМ 5 ЖУСУП КУРАН “ЖУСУПТУ АГАЛАРЫ ЖЕК КӨРҮШӨТ” СҮРӨ 12 ЮСУФ 3. Биз сага бул Кураанды вахий кылуу менен икаялардын эӊ мыктысын айтып беребиз. Буга чейин сен муну билбейт болчусуӊ. 4. Бир кезде, Юсуф атасына: О, атаке, мен түшүмдө Күн, Ай жана он бир жылдызды мага сажда кылганын көрдүм - деди.

65


5. Атасы айтты: О, балам! ТүшүӉдү агаларыӉа айта көрбө сага каршы амалкерлик кылышат. Шайтан инсанга анык душман. 6. Раббиӊ сени мына ушинтип тандап алыптыр. Эми Ал сага сөздөрдүн маанилерин билдирет жана мурун эки атаӊ - Ирахим менен Искакка толук берген сыяктуу, Я’кубдун үй-бүлөөсүнө жана сага Өзүнүн нээматын толуктап берет. Албетте, сенин Раббиӊ - Билүүчү, Даанышман. 7. Акыйкатта, Юсуф менен анын бир туугандарында сурагандар үчүн үлгүсабактар бар. 8. Бир кезде агалары сүйлөшүштү: Юсуф менен анын бир тууганы Биняминди атабыз бизден көбүрөөк сүйөт. Акыры, биз бир жамаатпыз го! Чынын айтканда, атабыз анык адашууда калды. 9. Юсуфту өлтүрүп жерге таштап койгула. Ошондо, атаӊардын жүзү өзүӊөргө калат жана ал иштен кийин жакшы адамдардан болуп аласыӊар 10. Алардан бирөөсү мындай деди: Юсуфту өлтүрбөгүлө бирок, эгер жасоочу болсоӊор, аны бир кудуктун түбүнө таштап койгула, кээ бир жолоочулар алып кетсин. 11. Айтышты: Атаке! Эмне үчүн сиз Юсуфту бизге ишенбейсиз? Биз ага боорукербиз го? 12. ЭртеӉ аны бизге кошуп жибериӉиз, ойноп-куунап келсин. Өзүбүз аны абайлап карайбыз. 13. Я’куб айтты: Чынында, аны алып кетишиӊер мени капалантып койот. Жана силер аны унутуп калсаӉар карышкыр жеп кетет деп коркомун. 14. Агалары айтты: Эгер биз бир жамаат болуп туруп, аны карышкыр жеп кетсе, анда, биз накта зыянкеч немелер экенбиз да?. 15. Качан аны алып кетишип, тереӉ бир кудуктун түбүнө таштамак болуп турушканда Биз ага: сен агаларыӊа бул иш жөнүндө айтып бересиӊ, бирок алар унутуп коюшат деп вахий кылдык. 16. Алар түндөсү аталарына ыйлап келишип: 17. О, атаке! Биз Юсуфту буюмдарыбыздын жанына калтырып, жашырмай ойноп кетип калыптырбыз. Ошондо, аны карышкыр жеп кетиптир. Эми ар канча чынын айтсак да бизге ишенбейсиз! - дешти. 18. Жана анын жалган канга бойолгон көйнөгүн алып келишти. Андай эмес! Силерге напсиӊер кооздоп көргөзүптүр. Эми, жакшынакай сабыр. Силер айткан ишке Аллахтын Өзү жардамчы болоор! - деди. 19. Анан жолоочулар келип, өздөрүнүн суу издөөчүсүн жиберишти. Ал чакасын таштады. Сүйүнчү! Бул бала деди. Жолоочулар аны буюмдарынын арасына жашырып коюшту.Аллах алардын иштерин Билүүчү. 66


20. Аны арзыбаган баага - саналуу гана теӉгелерге сатып жиберишти жана андан кутулуучулардан болушту.

БИБЛИЯ “ЖУСУПТУ АГАЛАРЫ ЖЕК КӨРҮШӨТ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 37 1 Жакып атасы жашаган Канаан жеринде жашап турду. 2 Жакыптын жашоосу мындай эле: Жусуп он жети жашында, өспүрүм чагында өзүнүн бир туугандары менен, атасынын аялдары Била жана Зилпанын уулдары менен мал кайтарчу. Жусуп атасына алардын жаман иштерин жеткирип турчу. 3 Ысрайыл Жусупту башка уулдарынан өзгөчө жакшы көрчү, анткени ал анын карыганда көргөн уулу эле. Ошон үчүн ага кооз кийим тиктирип берди. 4 Бир туугандары атасынын өздөрүнө караганда Жусупту көбүрөөк жакшы көрөрүн көрүшүп, Жусупту жек көрүп калышты. Аны менен бир тууганча сүйлөшө албай калышты. 5 Бир күнү Жусуп түш көрүп, түшүн бир туугандарына айтып берди. Ошондон кийин алар аны ого бетер жек көрүп калышты. 6 Жусуп аларга мындай деди: «Мен көргөн түшкө кулак салгылачы. 7 Түшүмдө биз талаада боо байлап жүрүптүрбүз, бир маалда менин боом тикесинен туруп калды. Ошондо силердин боолоруңар тегерете туруп, менин боомо жүгүнүп таазим этишти». 8 Ошондо бир туугандары: «Кантип эле сен бизге падышачылык кылып каласың? Кантип эле сен бизди бийлеп каласың?» – дешип, аны түшү үчүн, айткан сөздөрү үчүн ого бетер жек көрүп калышты. 9 Ал дагы башка түш көрүп, түшүн бир туугандарына айтты: «Бүгүн мен дагы түш көрдүм. Түшүмдө күн менен ай жана он бир жылдыз мага жүгүнүп, таазим кылып жатыптыр».

67


10 Ал түшүн атасы менен бир туугандарына да айтып берди эле, атасы урушуп, мындай деди: «Эмне деген түш көргөнсүң? Кантип эле мен да, апаң да, бир туугандарың да сага келип, таазим кылып калалы?» 11 Бир туугандары ыза болушту, атасы болсо анын сөзүн жүрөгүнө түйүп алды. 12 Бир туугандары атасынын малын Шекемге жайып кетишкенде, 13 Ысрайыл Жусупка: «Бир туугандарың Шекемде мал жайып жүрүшөт. Барып келчи, мен сени аларга жиберейин», – деди. Ал ага: «Мына мен», – деп жооп берди. 14 Атасы ага: «Барып, бир туугандарың аман-эсенби, малы түгөлбү, көрүп, мага жообун алып кел», – деди. Ошентип, аны Хеброн өрөөнүнөн Шекемге жөнөттү. Жусуп Шекемге келди. 15 Ал талаада адашып жүргөндө, ага бирөө жолугуп, андан: «Эмне издеп жүрөсүң?» – деп сурады. 16 «Мен бир туугандарымды издеп жүрөм. Алар кайсы жерде мал жайып жүргөнүн айтып коөсуңбу?» – деди ал. 17 Ошондо жанагы киши: «Алар бул жерден кетишти, анткени мен алардын “Дотанга барабыз” дегенин уккам», – деди. Жусуп бир туугандарынын артынан жөнөп, аларды Дотандан тапты. 18 Алар Жусупту алыстан көрүшүп, ал жакындай электе эле, аны өлтүрүүнү чечип коюшту. 19 Анан алар бири-бирине: «Мына, түш көргүч келатат. 20 Жүргүлө, азыр барып, аны өлтүрүп, чуңкурга таштап салалы, аны жырткыч айбан жеп кетти деп айтып коөбуз. Ошондо анын түштөрү эмне болорун көрөбүз», – дешти. 21 Муну Рубейин угуп: «Жок, Жусупту өлтүрбөйбүз», – деп, аны алардын колунан куткарып калды. 22 Рубейин аларга: «Кан төкпөгүлө. Аны чөлдөгү чуңкурга таштап салгыла, ага кол көтөрбөгүлө», – деди. Ал бул сөздү Жусупту алардын колунан куткарып, атасына кайтарыш үчүн айтты. 23 Жусуп өзүнүн бир туугандарына келгенде, алар Жусуптун үстүнөн кооз кийимин сыйрып алышты. 24 Өзүн болсо чуңкурга таштап жиберишти. Ал чуңкур бош болчу, анда суу жок эле. 25 Анан алар тамак жегени отурушканда, Гилат жактан келе жаткан Ысмайыл уулдарынын кербенин көрүштү. Алар төөлөрүнө жыпар

68


жыттуу заттарды: стиракс, балӊзам, ладан жүктөп алып, Мисирге алып бара жатышкан. 26 Ошондо Жүйүт бир туугандарына: «Бир тууганыбыздын канын төгүп, өлүгүн жашырып салгандан не пайда? 27 Жүргүлө, аны Ысмайыл уулдарына сатып жиберели, колубуз да булганбайт, анткени ал биздин бир тууганыбыз, каныбыз бир», – деди. Бир туугандары анын тилин алышты. 28 Мидиандык соодагерлер өтүп бара жатышканда, Жусупту чуңкурдан тартып алышып, Ысмайыл уулдарына жыйырма күмүш тыйынга сатып жиберишти. Алар болсо Жусупту Мисирге алып кетишти. 29 Рубейин чуңкурга кайра келип караса, чуңкурда Жусуп жок экен. Ошондо ал өз кийимдерин айрып жиберди. 30 Анан бир туугандарына келип: «Бала жок экен, эми мен кайда барам?» – деди. 31 Алар бир текени союп, Жусуптун кооз кийимин кан кылып, 32 атасына берип жиберишти. Анан атасына келип, мындай дешти: «Биз муну таап алдык, карасаң, бул кийим уулуңдуку эмеспи?» 33 Жакып анын кийимин таанып: «Бул – уулумдун кийими. Ал жырткычка жем болуптур, аны жырткыч жара тартып кеткен турбайбы», – деди. 34 Анан Жакып өз кийимин айрып, үстүнө зумбал кийип, уулун көп күн жоктоп ыйлады.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Жакыи уулу Жусупка бул түшү тууралуу бир-туугандарына айтпоону эскертти, бул сөздөрдүн маанисин кийин келечекте чечмелей алаарын айтты. 2. Бир-туугандарынын бири Жусупту өлтүрбөй, аны кудукка таштап салууну сунуштады, ошондо аны кербендер таап алышмак, калгандары макул болушту, жана ошого ылайыктуу - Жусуп алар менен бирге ээн талаага барышын күтүп жүрүштү. 69


3. Бир-туугандары атасы Жакыптан Жусупту алар менен чогу талаага койберүүсүн суранышты, ал жактан алар ойлогонун ишке ашырышмак. 4. Жакып уулу Жусуптун өлгөнүнө ишене албай койду. 5. Кербендер капысынан Жусупту кудуктан таап алышат. 6. Бир туугандары Жусупту акчага сатууну да ойлоп таап ийишти, Жусупту кербенчилер өзүлөрү кудуктан таап алса да, алар Жусупту сатып ийишти, же балким, кербенчилер таап алганда бир-туугандары жанында жок болгон, ал эми кербенчилер Жусупту аз эле акчага Мисирден сатып ийишкен.

БИБЛИЯДА: 1. Жусуп эки жолу түш көргөн жана аларды атасына жана бир-туугандарына айтып берген. Жакып Жусуптун акыркы түшүн чечмелеп, анан аны кагып силкип койду. 2. Анын агалары малды өз үйүнөн алыс жайыттарда кайтарышчу, жана бир күнү Жакып өзү Жусупту агаларынын алакыбалын сурап кел деп деп жиберген учурда, агалары аны өлтүрүүнү чечишет. Алардын эӊ улуу агасы Жусупту өлтүрбөй, кудукка салып жиберүүнү сунуш кылды, ал Жусупту бир аздан кийин куткарып, атасына алып баргысы келген. Бул окуянын баары Жусуп агалары мал кайтарып жүргөн жерге жакын келип калган маалда болот. Кийин, Жусуп Мисирге кулчулукка сатылып кеткенден кийин улуу агасы аны жоктоп ыйлаган. 3. Агалары малды алыс жайыттарда кайтарышчу, Жакып өзү Жусупту агаларынын алакыбалын сурап кел деп деп жиберген. 4. Жакып Жусуптун өлгөнүнө ишенди «...өз кийимин айрып, үстүнө зумбал кийип, уулун көп күн жоктоп ыйлады» 5, 6. Агалары кербенчилерди - Ысмайылдын тукумдарын көрүп, Жусупту 20 күмүш тыйынга сатып жиберишти.

70


КУРАН “ПОТИФАРДЫН АЯЛЫ” СҮРӨ 12 ЮСУФ 21. Аны Мисирде сатып алган киши аялына айтты: Аны жакшы орунга жайгаштыр, пайдасы тийип калаар, же болбосо өзүбүзгө бала кылып алаарбыз. Мына ушинтип, Биз Юсуфту - түштөрдүн маанисин үйрөтүү үчүн - Мисирге мекендештирип койдук. Аллах Өз ишинде Жеӊүүчү. Бирок муну көпчүлүк адамдар билишпейт. 22. Жигит курагына жеткенде Биз ага Пайгамбардык жана илим бердик. Биз жакшылык кылуучу адамдарды мына ушинтип сыйлайбыз. 23. Ал үйүндө жашаган аял аны жолдон азгырууну каалап, эшиктерди кулпулап келегой - деди. Юсуф айтты: Аллах сактасын! Акыры ал мага орунжай тууралуу жакшылык кылган кожоюнум го! Зулумкер адамдар кутулбайт! 24. Аял ага умтулду. Эгер Раббисинин далилдерин билбесе, ал да умтулмак. Ушинтип, Биз андан жамандык, бузукулукту буруп жибердик. Чынында Юсуф Биздин ыкластуу пенделерибизден. 25. Экөө теӊ эшик тарапка чуркады. Аял анын көйнөгүн аркасын айрып салды. Экөө эшиктин оозунда аялдын эрине жолугуп калышты. Аял Юсуфка жалаа жаап: Сенин аялыӊа арамдык каалаган адамдын жазасы же зындан же кыйноочу азап - деди. 26. Анын өзү мени азгырууну каалады - деди. Ошондо, аялдын жакын туугандарынан бирөө: Эгер анын көйнөгү алдынан айрылган болсо, аялыӊ ак, бул жалганчы. 27. Ал эми, мунун көйнөгү артынан айрылган болсо, бул - ак, аялыӊ жалганчы, деп калыс сөзүн айтты. 28. Юсуфтун көйнөгүӉ арт жагынан айрылганын көргөндө, аялын карап: Бул силердин амалыӉардан турбайбы! Силердин айлакерлигиӉер чоӉ экен! 29. О, Юсуф, сен муну унутуп кой. А, сен болсо, күнөөӉ үчүн кечирим сура. Ката кылуучулардан болуптурсуӉ - деди. 71


30. Шаардагы аялдар айта баштады: вазирдин аялы өз кызматкерин азгырууну каалаптыр. Аябай сүйүп калган го. Биз аны анык адашуучулкта деп билебиз. 31. Алардын айлакер сөздөрүн укканда, адам жиберип, алдыртып келди жана аркаларына жөлөнгүч жаздыктарды коюп ар биринин колуна бирден бычак карматты жана (Юсуфка): Алардын алдына чык - деди. Аны көргөндө ага алкыш жаадырышып, өз колдорун кесе башташты. Жана: О, периштенин өзү го! - дешти. 32. Аял: Ал жөнүндө силер мени айыптаган жигит - ушул! Ооба! Мен аны азгырууга умтулдум. Ал өзүн сактады. Эгер менин буйругумду аткарбаса, зынданга ташталып, кордолгондордон болот - деди. 33. Юсуф айтты: О, Жаратканым! Алар сунуштаган нерседен мага зындан жакшыраак! Эгер, ал аялдардын айлакерликтерин менден арылтпасаӊ аларга көӊүлүм жибип, наадандардан болуп каламын! 34. Раббиси анын дубасын кабыл алып, андан аялдардын айлакерлигин арылтты. Чынында, Аллах Угуучу, Билүүчү. 35. Юсуфтун күнөөсүздүгүнүн белгилерин көрүшкөн соӉ, аны бир мезгилдерге чейин зынданга сактап туруу макул көрүндү.

БИБЛИЯ “ПОТИФАРДЫН АЯЛЫ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 39 1 Жусуп болсо Мисирге жеткирилди. Аны алып келген Ысмайыл уулдарынын колунан фараондун сарай кызматчысы, сакчылардын башчысы, мисирлик Потипар сатып алды. 2 Теңир Жусуп менен болду. Ал иштеринде ийгиликке жетти, мисирлик мырзанын үйүндө жашады. 3 Теңир Жусуп менен экенин, кандай иш кылбасын, Теңир анын колуна ийгилик берип жатканын мырзасы көрдү.

72


4 Ошентип, Жусуп мырзасынан ырайым таап, ага кызмат кылып жүрдү. Ал Жусупту өз үйүнө башкаруучу кылып койду, өзүнүн колундагысынын баарын ага тапшырды. 5 Ал Жусупту өзүнүн үйүнө, колундагысынын баарына башкаруучу кылып койгондон тартып, Теңир Жусуп үчүн мисирлик мырзанын үйүнө батасын берди. Теңирдин батасы анын үйүндөгү жана талаасындагы бардык мал-мүлкүнүн үстүндө болду. 6 Ошентип, ал колундагысынын баарын Жусупка тапшырды. Анын барында ал жеген нанынан башка эч нерсе менен иши болбоду. Жусуп келишимдүү, сулуу жигит эле. 7 Мырзасынын аялынын Жусупка көзү түшүп, ага: «Мени менен жат», – деди. 8 Бирок ал каршы болуп, мырзасынын аялына: «Мырзам менин барымда үйүндө эч нерсе менен иши жок, болгон нерсесинин бардыгын мага тапшырды. 9 Бул үйдө менден чоң эч ким жок. Ал сенден башкасына тыюу салган жок, анткени сен анын аялысың. Кантип мен ушундай жаман ишти кылып, Кудай алдында күнөөгө батам?» – деди. 10 Ал аял Жусупка күн сайын ушинтип айта берсе да, ал аны менен жатууга, аны менен бирге болууга макул болгон жок. 11 Бир күнү Жусуп өз иштерин кылганы үйгө кирди. Ошол учурда үйдүн ичинде үйдөгүлөрдөн эч ким жок эле. 12 Аял аны кийиминен кармап: «Мени менен жат», – деди. Бирок ал сырткы кийимин аялдын колуна калтырып, сыртка качып чыкты. 13 Аял болсо Жусуптун сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып чыкканын көрүп, 14 үйүндөгүлөрүн чакырып алып: «Карагылачы, ал биздикине бул эврейди бизди шылдыңдатмакка алып келиптир. Ал мени менен жатканы келиптир, бирок мен катуу кыйкырып жибердим. 15 Ал менин кыйкырганымды угуп, сырткы кийимин калтырып, сыртка качып чыкты», – деди. 16 Ошентип, аял мырзасы үйүнө келгенге чейин, Жусуптун сырткы кийимин өзүнө калтырып койду. 17 Анан күйөөсүнө ушул эле сөздөрдү кайталады: «Сен биздикине алып келген эврей кулуң мени шылдыңдаганы келди. 18 Бирок мен чуу көтөрүп кыйкырып жибергенде, ал сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып кетти». 73


19 Мырза аялынын оозунан «Сенин кулуң мага ушундай кылды» деген сөздү укканда, абдан ачууланды. 20 Ошондо мырзасы Жусупту падышанын туткундары жаткан зынданга салдырды. Ошентип, ал ошол зынданда жатты.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Жусупту сатып алган мисирлик адам эмнегедир Жусуп ага береке алып келет деп үмүттөнгөн, же аны бакма бала кылып алам деп ойлогон. 2. Кудай Жусупту Мисирге аны түштөрдү жоруучу кылуу үчүн алып келди. 3. Бир күнү мисирликтин аялы Жусупту аны менен жатууну сунуш кылды, Жусуп макул болгон жок, ошондо экөө теӊ эшикти көздөй чуркашты жана ошол жактан аялдын күйөөсүнө жолугуп калышты. 4. Жусуп күнөөсү жок экендигин далилдөө үчүн күбөөнү чакырды, ошондой эле анын кандайынан айрылганын да текшерип көрүүнү каалады, ошондо кожоюну анын күнөөсү жок, ал эми аялы жалаа жаап жатканын билди. 5. Мисирликтин аялы аны ушактап жаткан аялдарды чакырып, анын күнөөсү жок экенин, Жусуп ашыкча чырайлуу болгондуктан аял туруштук бере албай турганын айтты, чакырылган аялдар да буга күбө болушуп, алар да Жусупту көрүп, кумарлана башташты. 6. Бул аял кайрадан эле Жусука асыла берди, аял же менин менен бол, же зынданга камаласыӊ деп коркутту. Жусуп бул ишке баргыча зынданга барганым жакшы деп чечти, ал эми Кудай анын айтканындай кылды. Мисирликтер кандай ой менен кылганы белгисиз - алар Жусуптун күнөөсү жок экенин билишсе да, аялдын күнөөсү айкын болсо да, зынданга камап салышты. 74


БИБЛИЯДА: 1. Кудай Жусуп менен болгону үчүн Потифар көп батага ээ болду, ал ошону түшүнүп, Жусупту үй башкаруучусу кылып дайындады. 2. Кийинчерээк биз билдик, Кудай Жусупту Мисирге түш жоруучу кылганы эмес, анын бүтүндөй уруусун Ханаандагы ачкачылыктан куткаруу үчүн алып келди (жол берди). 3. Потифардын аялы көптөн бери Жусупка жеткиси келип жүргөн, такыр колунан келбей койду. Бир күнү Жусуп жана ал аял үйдө жалгыз калышкан учурда аял кайрадан Жусупка асылды, ал качып кутулду, бирок көйнөгү аялдын колунда калып калды. Ичи күйгөн аял катуу чаӊырып, кызматчыларын чакырды да Жусупту күнөөлөй баштады. Анан ойдон чыгарган нерсесин күйөөсүнө айтты, Потифар аялына ишенип, ачууланып, Жусупту зынданга камап салды. 4,5,6. Бул жерде башка аялдардын да каалоосу тууралуу эч нерсе айтылбайт. Ошондой эле Потифардын аялынын экиничи жолу Жусупка асылганы, аны зындан менен коркутканы да жок.

КУРАН 75


“ЖУСУП КАМАКТА” СҮРӨ 12 ЮСУФ 36. Аны менен бирге эки жигит да зынданга түшкөн. Алардан бири: Мен түшүмдө жүзүм мөмөсүн сыгып, шарап жасап жатканымды көрдүм - десе, экинчиси: Менин түшүмдө болсо, башыма нан көтөрүп баратсам, аны куштар чокуп жатыптыр - деп түштөрүн айтып: Биз сени жакшылык кылуучулардан деп билебиз. Бизге түшүбүздү жоруп берчи дешти. 37. Айтты: Экөөӊөргө жей турган тамагыӊар келгенге чейин мен силердин түшүӊөрдү жоруп беремин. Бул - мага Раббим үйрөткөн касиет. Мен Аллахка ыйман келтирбеген адамдардын динин жериген кишимин. Алар Акырет күнүнө ишенишпейт. 41. О, менин зындандагы шериктерим! Эми, экөөӉөн бириӉ өз кожоюнуӉа шарап куюп берет экенсиӉ. ЭкинчиӉ болсо..., асып өлтүрүлүп, анын башын куштар чокуйт экен. Силер мааниси сураган иштер өкүм кылыныптыр. 42. Юсуф экөөнүн азат болот деп болжогонуна карап: Кожоюнуӊдун алдында мени тилге алып кой - деп суранды. Бирок, шайтан кожоюнуна эстетүүнү унуттурду. Кийин Юсуф зынданда бир нече жылдар калып кетти.

БИБЛИЯ “ЖУСУП КАМАКТА” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 39 21 Теңир Жусуп менен болду. Ага ырайымын төгүп, зындан башчысынан ырайым таптырды. 22 Ошондо зындан башчысы зындандагы туткундардын бардыгын Жусуптун колуна берди. Жусуп ал жердеги бардык иштин үстүнөн башкаруучу болду. 76


23 Зындан башчысы ага тапшырылган иштерге кийлигишчү эмес, анткени Теңир Жусуп менен болуп, ал эмне кылбасын, бардык ишине ийгилик берип жатты. БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 40 1 Ошондон кийин Мисир падышасынын шарап сунуучусу менен нан сунуучусу өздөрүнүн мырзасынын – Мисир падышасынын алдында айыптуу болуп калышты. 2 Ошондо фараон сарайдагы өзүнүн эки кызматчысына: башкы шарап сунуучусу менен башкы нан сунуучусуна ачууланып, 3 аларды сакчылардын башчысынын үйүндөгү Жусуп камалган зынданга каматып салды. 4 Сакчылардын башчысы Жусупту аларга кызмат кылууга дайындады. Жусуп аларга кызмат кылды. Алар бир нече убакыт камакта жатышты. 5 Бир күнү Мисир падышасынын зынданда камалып жаткан шарап сунуучусу менен нан сунуучусу түш көрүштү. Экөө тең бир түндө өзөзүнчө түш көрдү. Ар бирине өзгөчө мааниси бар түш кирди. 6 Жусуп эртең менен аларга кирип, алардын тынчы кетип турганын көрдү. 7 Ошондо ал мырзасынын үйүндө өзү менен бирге камакта жаткан фараон сарайынын кызматчыларынан: «Эмне үчүн бүгүн маанайыңар пас?» – деп сурады. 8 Алар ага: «Биз түш көрдүк. Чечмелеп берер киши жок», – дешти. Жусуп аларга: «Түштү Кудай чечмелейт эмеспи? Мага айтып бергилечи», – деди. 9 Ошондо Жусупка башкы шарап сунуучу өз түшүн мындай деп айтып берди: «Түшүмдө бет алдымда жүзүм сабагы туруптур. 10 Жүзүм сабагынын үч бутагы бар экен. Ал бүрдөп, гүл ачып, мөмө байлады, анан анын мөмөлөрү бышты. 11 Фараондун чөйчөгү да менин колумда экен. Мен жүзүмдөн алып, фараондун чөйчөгүнө сыгып, чөйчөктү фараонго сундум». 12 Жусуп ага мындай деди: «Түштүн чечмелениши мындай: үч бутак – бул үч күн. 13 Yч күндөн кийин фараон сени бошотуп, кайрадан ордуңа коөт. Ошондо сен мурункудай эле ага чөйчөк сунасың. 14 Сага жакшы болгондо, мени эсте. Мага жакшылык кылып, мен жөнүндө фараондун эсине салып, мени бул үйдөн чыгарып ал. 77


15 Анткени мен эврейлердин жеринен уурдалып келгем. Зынданга салынгыдай, бул жакта да мен эч нерсе кылган эмесмин». 16 Башкы нан сунуучу Жусуптун түштү жакшы чечмелегенин көрүп: «Мен да түш көрдүм. Түшүмдө тордолгон үч себетти башыма көтөрүп алыптырмын. 17 Yстүнкү себетте фараондун наабайчы жасаган ар кандай тамагы бар экен. Башымдагы себеттеги тамакты канаттуулар чокулап жатышыптыр», – деди. 18 Ошондо Жусуп ага мындай деп жооп берди: «Мунун чечмелениши мындай: үч себет – бул үч күн. 19 Yч күндөн кийин фараон сенин башыңды алып, жыгачка асат. Канаттуулар денеңди чокуп жешет», – деди. 20 Yч күндөн кийин фараондун туулган күнү болуп, ал өзүнүн бардык кызматчыларына той берди. Ошондо ал өзүнүн башкы шарап сунуучусу менен башкы нан сунуучусун эстеди. 21 Шарап сунуучусун мурдагы ордуна койду, ошондо ал чөйчөккө шарап куюп, фараонго сунду. 22 Ал эми башкы нан сунуучусун, Жусуп чечмелегендей, жыгачка астырып салды. 23 Бирок башкы шарап сунуучу Жусуп жөнүндө эстеген жок, аны унутуп койду.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Фараондун эки кызматчылары камакка түшүшкөн жана ошол жакта жатканда түш көрүшкөн. Жусуп экөөнүн түштөрүн бир эле учурда чогу чечмелеп берген.

БИБЛИЯДА: 1. Кудай Жусупка камакта жаткан жеринде батасын берген «Ошондо зындан башчысы зындандагы туткундардын бардыгын Жусуптун колуна берди. Жусуп ал жердеги бардык иштин үстүнөн башкаруучу болду...». 78


Падышанын шарап жасоочу кызматчысы жана набайчысы күнөө кылышып камакка түшүшкөн, ал жерде жатканда түш көрүшөт. Жусуп биринчи шарап жасоочу кызматчынын түшүн чечмелеп берди, андан кийин набайчынын түшүн жоруду, ал жаман кабар укту.

КУРАН “ЖУСУП ЖАНА ФАРАОН” СҮРӨ 12 ЮСУФ 43. Падыша айтты: Мен түшүмдө жети семиз уй көрдүм. Аларды жети арык уй жеп койду. Жана жети даана жашыл машак менен андан башка куурагандарын көрдүм. Кана, о, эл-журт, эгер түш жоруучу болсоӊор, менин ушул түшүмдү жоруп бергиле. 44. Айтышты: чаташкан түштөр. Биз чаташкан түштөрдү жоруй албайбыз. 45. Андан соӊ, экөөнүн кутулганы, бир нече жылдан кийин гана аны эстеп: Силерге бул түштүн маанисин мына мен айтып беремин. Мени Юсуфка жибергиле - деди. 46. Юсуф! О, чынчыл жигит! Бизге жети семиз уйду жеп койгон жети арык уй жөнүндө жана жети жашыл машак, дагы башка куураганы жөнүндө маанисин айтып берчи? Ажеп эмес, адамдарга кайтып барсам алар да билип алышсы! 47. Юсуф айтты: Жети жыл удааму-удаа эгесиӉер. Жыйнаган түшүмүӉөрдү машагында калтырасыӉар. Болгону, бир аз гана жегениӉерди. 48. Андан кийин жети жыл каатчылык келип, ушул жылдар үчүн мурдатан даярдаган камылгаӉарды жеп койот. Бир аз сактаганыӉар гана калат. 79


49. Андан кийин бир жыл келет, анда адамдар жамгырдын астында калышат. Жана ошол жылда сыгып алышат. 50. Падыша айтты: Аны мага алып келгиле. Юсуфка анын чабарманы келгенде: Кожоюнуӊа кайтып баргын дагы, колдорун кесип алган аялдарга эмне болгонун сурагын. Менин Раббим алардын айлакерлигин Билүүчү - деди. 51. Айтты: Юсуфту азгырууну каалаганыӊарда эмне болгон элеӊер? Алар айтышты: Аллах - Аруу, Таза! Биз анын эч бир айыбын билбейбиз. Вазирдин аялы айтты: Акыйкат ушул тапта анык болгону калды. Мен аны азгырган болчумун. Чынында ал акыйкатчыл адамдардан экен. 52. Муну мен, эч ким жок мезгилде ага кыянат кылбаганымды билип алсын үчүн. Чынында, Аллах кыянатчылардын амалын түз жолго салбайт экен. 53. Мен өзүмдү актабаймын. Чынында, напси деген жаман ишке тынбастан буюрат турбайбы, Раббим ырайым кылбаса! Албетте, Раббим Кечирүүчү, Ырайымдуу. 54. Падыша айтты: Аны мага алып келгиле, өзүмө ынак кылып алайын. Аны менен сүйлөшкөндө, айтты: Бүгүндөн сен биздин алдыбызда туруктуу жана ишенимдүү адамыбызсыӊ. 55. Юсуф айтты: Анда мени жер казыналарынын үстүнө кылып коюӉуз. Мен сактай билген жана билимдүү кишимин. 56. Мына ушинтип, Биз Юсуфту жерден өзү каалаган жайда жашай турган кылып орноштурдук. Өзүбүз каалаган адамдарга бере турган ырайымрахматыбыздын насиби. Биз жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейбиз.

БИБЛИЯ “ЖУСУП ЖАНА ФАРАОН” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 41 80


1 Арадан эки жыл өткөндөн кийин фараон түш көрдү. Түшүндө ал дарыянын жээгинде туруптур. 2 Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрүптүр. 3 Алардан кийин көрүнүшү начар, арык жети уй чыгып, дарыянын жээгинде оттоп жүргөн тиги уйларга кошулду. 4 Анан көрүнүшү начар, арык уйлар көрүнүшү жакшы, семиз уйларды жеп салды. Ошондо фараон ойгонуп кетти. 5 Анан ал кайра уктап, дагы түш көрдү. Түшүндө бир сабактан бадырайган, жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты. 6 Алардан кийин чүрүшкөн, чыгыш шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай өсүп чыкты. 7 Анан чүрүшкөн буудай баштары бадырайган, дандуу жети баш буудайды жеп салды. Ошондо фараон ойгонуп кетип, мунун түш экенин түшүндү. 8 Эртең менен фараондун тынчы кетип, Мисирдин бардык сыйкырчылары менен акылмандарын киши жиберип чакыртып алып, аларга өзүнүн түшүн айтып берди, бирок эч ким анын түшүн чечмелей алган жок. 9 Ошондо башкы шарап сунуучу тура калып, фараонго мындай деди: «Күнөөмдү азыр эстеп жатам. 10 Фараон кулдарына ачууланып, мени жана башкы нан сунуучуну сакчылардын башчысынын үйүндөгү зынданга каматып салган эле. 11 Ошондо биз бир түндө түш көргөнбүз, ага да, мага да өзгөчө мааниси бар түштөр кирген. 12 Ал жерде сакчылардын башчысынын кулу, жаш эврей жигит биз менен бирге болгон. Биз ага көргөн түштөрүбүздү айтып бергенбиз, ошондо ал ар бирибизге түшүбүздү чечмелеп берген. 13 Ал кандай чечмелесе, ошондой болуп чыкты: мен өз ордума кайтып келдим, тигини болсо асышты». 14 Ошондо фараон киши жиберип, Жусупту алдыртты. Аны зындандан шашылыш түрдө чыгарышты. Ал чачын алдырып, кийимин которуп, фараонго келди. 15 Фараон Жусупка мындай деди: «Мен түш көрдүм, бирок аны эч ким чечмелей алган жок. Сени түш чечмелей алат деп уктум». 16 Жусуп фараонго мындай деп жооп берди: «Мен эмес, Кудай аны фараонго жакшылыкка чечмелеп берет».

81


17 Анан фараон Жусупка түшүн айтты: «Түшүмдө мен дарыя жээгинде туруптурмун. 18 Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрдү. 19 Алардан кийин арык, көрүнүшү эң начар, кыржыйган жети уй чыкты. Мен бүтүндөй Мисир жеринен андай арык уйларды көргөн эмесмин. 20 Анан жети арык уй мурдагы жети семиз уйду жеп салды. 21 Семиз уйлар алардын ичине кирип кетти, бирок алардын ичине кирип кеткени билинген жок. Алардын көрүнүшү баштагыдай эле арык бойдон калды. Анан мен ойгонуп кеттим. 22 Анан дагы түш көрдүм. Түшүмдө бир сабактан бадырайган, жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты. 23 Алардан кийин ичке, чүрүшкөн, чыгыш шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай өсүп чыкты. 24 Анан чүрүшкөн буудай баштары бадырайган жети баш буудайды жеп салды. Мен муну сыйкырчыларга айттым, бирок эч кимиси чечмелей алган жок». 25 Ошондо Жусуп фараонго мындай деди: «Фараондун түштөрүнүн мааниси бир: Кудай эмне кыларын фараонго билдириптир. 26 Жети семиз уй – бул жети жыл. Жети баш дандуу буудай – бул жети жыл. Экөө бир түш. 27 Семиз уйлардын артынан чыккан кыржыйган, арык жети уй – бул да жети жыл. Ошондой эле чүрүшкөн, чыгыштын шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай – бул ачарчылыктын жети жылы. 28 Мына ошондуктан мен фараонго: “Кудай эмне кыларын фараонго көрсөттү”, – дедим. 29 Азыр бүткүл Мисир жерине мол түшүмдүү жети жыл келе жатат. 30 Андан кийин жети жылдык ачарчылык келет. Мисир жериндеги бул мол түшүмдүн баары унутулуп, жерди ачарчылык жабыркатат. 31 Ошондо молчулуктан кийин келген ачарчылыктын кесепетинен жердеги мурунку молчулук билинбей калат, анткени ачарчылык аябай катуу болот. 32 Ал эми фараондун түшүнүн эки ирет кайталанышы Кудай сөзүнүн чындык экенин жана жакын арада Кудай аны орундатарын билдирет. 33 Эми фараон акылдуу, даанышман адам караштырып көрүп, аны Мисир жерине эл башчы кылып койсун.

82


34 Фараон жер-жерлерге көзөмөлдөөчүлөрдү коюп, мол түшүмдүү жети жылда Мисир жериндеги түшүмдүн бештен бир бөлүгүн жыйноого буйрук берсин. 35 Алар келе жаткан жакшы жылдардагы эгиндин баарын азык үчүн фараондун карамагына жыйнап, шаарларга чогултуп алышсын да, сактап турушсун. 36 Бул азык Мисир жеринде боло турган жети жылдык ачарчылыкта жер жүзү ачарчылыктан кырылып калбаш үчүн камдалган азык болсун». 37 Бул сөз фараонго жана анын кызматчыларынын бардыгына жакты. 38 Ошондо фараон кызматчыларына мындай деди: «Кудайдын Руху бар ушундай адамды таба алабызбы?» 39 Анан фараон Жусупка мындай деди: «Кудай сага ушунун бардыгын ачып бергендиктен, сендей акылдуу, сендей даанышман адам жок. 40 Сен менин үйүмдү башкарасың, сенин сөзүңдү бүт элим угат, бирок мен сенден тактым менен жогору турам». 41 Ошентип, фараон Жусупка: «Мен сени бүткүл Мисир жерине эл башчы кылып коөм», – деди. 42 Анан фараон колунан шакек мөөрүн чыгарып, Жусуптун колуна салды. Yстүнө зыгыр буласынан кийим кийгизип, мойнуна алтын чынжыр такты. 43 Анан аны өзүнүн арабаларынын экинчисине отургузууга, элге: «Таазим кылгыла!» – деп жар салууга буйрук берди. Ошентип, фараон аны бүткүл Мисир жерине эл башчы кылып койду. 44 Анан фараон Жусупка: «Мен фараонмун, бүткүл Мисир жеринде сенсиз эч ким эч нерсе кылбайт», – деди. 45 Фараон Жусупка Сапенат-Панейах деген ат койду. Ага аялдыкка Оондун буткана кызматчысы Потипердин кызы Асинатты алып берди. Жусуп бүткүл Мисир жерин аралаганы чыкты. 46 Жусуп Мисир падышасы фараондун алдына келгенде, отуз жашта эле. Жусуп фараондон чыгып, бүткүл Мисир жерин аралап чыкты. 47 Жер мол түшүмдүү жети жылда ар бир баш буудайдан кочуш толтура дан берип жатты. 48 Ошондо ал Мисир жеринде болгон түшүмдүү жети жылдын ичиндеги бардык эгинди жыйнап, шаарларга жыйып койду. Ар бир шаарга ошол шаардын тегерегиндеги талаанын эгинин жыйдырды. 49 Ошентип, Жусуп абдан көп эгин жыйды. Эгин деңиз кумундай көп болгондуктан, санаганын да токтотту, анткени санак жетпей калды.

83


50 Ачарчылык келгенге чейин, Жусуп эки уулдуу болду. Аларды ага Оондун буткана кызматчысы Потипердин кызы Асинат төрөп берди. 51 «Кудай менин бардык азабымды, атамдын үйүн унуттурду», – деп, Жусуп тун уулунун атын Менаше койду. 52 «Кудай мени азап чеккен жеримде жемиштүү кылды», – деп, экинчисинин атын Эпрайым койду. 53 Ошентип, Мисир жериндеги мол түшүмдүү жети жыл өтүп кетти. 54 Анан Жусуп айткан жети жылдык ачарчылык келди. Бардык жерде ачарчылык болду, бирок Мисир жери нандан өксүгөн жок. 55 Мисир жеринде да ачарчылык башталганда, эл фараондон эгин сурап боздой баштады. Ошондо фараон бүткүл мисирликтерге: «Жусупка баргыла, ал эмне десе, ошону кылгыла», – деди. 56 Бүт жер жүзүндө ачарчылык болду. Жусуп бардык кампаларды ачып, Мисир элине эгин сата баштады. Ачарчылык Мисир жеринде күчөгөндөн күчөй берди. 57 Ошондо Мисирге Жусуптан эгин сатып алыш үчүн, бардык өлкөлөрдөн келип жатышты, анткени ачарчылык бүт жер жүзүндө күчөп турган эле.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Фараон түш көрдү 2. Фараондун мурда камакта отурган шарап-кызматчысы Жусупка падышанын түшүн жорутууга келди, Жусуп ага түштү жоруп, кеӊештерди берди - буудайдын аз бөлүгүн гана малалагыла, көбүн «машак боюнча» сактагыла деди.

84


3. Фараон Жусупту көргүсү келгенде ал өзүнүн мойнундагы жалган күнөөнү алып салууну талап кылды. Ошондо бардык ушакчы, колдорун кескен аялдар да, Потифардын аялы да Жусуптун күнөөсү жок экененин тастыкташты. 4. Акыры Фараон Жусупту өзүнө алып келүүнү буюрду. Ошондо Жусуп өзүн Мисир жергесиндеги бардык кампаларга башчы кылуусун сунуштады. Кудай Жусупка өзү каалагандай, каалаган жерде жашоого шарт түзүп, ушинтип батасын берди.

БИБЛИЯДА: 1. Фараон эки түш көрдү. 2. Фараондун шарап-кызматчысы Жусуптун жөндөмү тууралуу эстеди. Падышанын буйругу боюнча, Жусупка эч кандай түшүндүрүүсүз эле аны хан сарайга алып келишти. Жусуп жөн гана эки түштүн маанисин айтып берген жок, ал кантип ачарчылктан аман калыштын так жолдорун көрсөтүп берди. 3. Куранда ушул жерлерде маанилүү болгон Потифардын аялынын, жана башка аялдардын Жусупту актап чыгуусу тууралуу эч маалымат жок Библияда. 4. Фараон өзү Жусупту башчы кылып шайлады, Жусуп келе жаткан ачарчылыкка кам көрүүнү жетектеши керек болгон. КУРАН “ЖУСУП ЖАНА БИР-ТУУГАНДАРЫ” СҮРӨ 12 ЮСУФ 58. Агалары Юсуфка келип, алдыга киргенде, аларды тааныды. Бирок, алар аны тааныган жок.

85


59. Аларга жүктөрүн даярдап берген убакта деди: Аталаш бир тууганыӉарды да мага алып келгиле. Өлчөгөндө толтуруп бергенимди жана жакшылап конок-зыяпат кылганымды жатасыӉарбы? 60. Эгер аны алып келбесеӉер, мага жакындашпайсыӉар жана менден силерге өлчөп берилбейт. 61. Алар: Айтканыӊызды сөзсүз аткарабыз, инибизди атасына өтүнүпжалынып болсо да алып келебиз - дешти. 62. Ал жигиттерине айтты: буюмдарын төөлөрүнүн үстүндөгү жүктөрүнө салып койгула. Ажеп эмес, үйлөрүнө жеткен кезде аны таанып кайтып келишсе. 63. Аталарына кайтып барышканда, айтышты: О, атаке, бизге тартуу токтотулду! Инибизди биз менен жибер. Тарттырып келели. Ана өзүбүз сактайбыз. 64. Я’куб айтты: Мурда силердин колуӊарга агасын ишенип тапшыргандай тапшырайынбы. Сактоо жаатынан Аллах гана жакшы. Өзү гана ырайымдуулардын эӊ Ырайымдуусу. 65. Жүктөрүн ачканда ичинен кайтарылган буюмдарын таап алышып атасына: Бизге дагы эмне керек? Мына буюмдарыбыз кайтарылып берилди. Үй-бүлөөбүздү багабыз, инибизди коргойбуз жана бир төө буудайды ашыгыраак алабыз. Бул аз эле мөөнөт го! - дешти. 66. Бирок, бир кокустук силерди ороп калбаса жана аны мага кайтарып келүүгө Аллахтын алдында ант-убада берсеӉер гана жиберейин - деди. Ага балдары ант-убада бергенде, айтты: Бул сөзүбүзгө Аллах күбө! 67. Айтты: О, уулдарым! Бир эшиктен кирбегиле. Ар башка эшиктерден киргиле. Бирок, муну менен Аллах тарабынан белгиленген нерседен эч бирин силерден тосо албаймын. Өкүм Аллахка гана таандык. Өзүнө гана тобокел кылдым. Тобокел кылуучулар Анын Өзүнө гана таянсын! 68. Алар аталары буюрган абалда кирсе да, алардан Аллах тарабынан тагдыр кылынган эч нерсени өзгөртө албайт. Бирок, бул Якубдун, өз жүрөгүндөгү бир муктаждыкты аткарып алуусунан башка эч нерсе эмес. Ал биз үйрөткөн илимдин ээси болгон. Бирок, адамдардан көпчүлүгү билишпейт. 69. Алар Юсуфтун алдына киргенде, инисине үйүнөн орун берип: Мен сенин агаӉ боломун. Алардын ишинен капа болбо - деди. 70. Алардын жүктөрүн даярдап инисинин жүктөрүнүн ичине чөйчөктү салып койду. Кийин бир жарчы: О, кербендер! Силер ууру экенсиӊер! - деп кыйкырды. 71. Агалары алар тарапка басып: Эмне жоготтуӊар? - деди. 86


72. Падышанын чөйчөгүн - дешти алар - кимде ким аны тапса, жүгү менен бир төө берилет. Буга мен кепилмин. 73. Биз бул жерге бузукулук кылганы келбедик! Аллахка ант, силер муну билесиӊер. Биз ууру эмеспиз! - дешти. 74. Эгер алдасаӊар, жалганчынын жазасы эмне? - дешти. 75. Алар айтты: Кимдин жүгүнүн арасынан табылчу болсо, ошол табылгандын өзү - анын жазасы! Биз заалымдарды ушундай жазалайбыз! 76. Инисинин жүктөрүнөн мурда агаларынын жүгүнөн баштады. Кийин аны инисинин буюмдарынын арасынан сууруп чыкты. Биз Юсуфка ушундай амал үйрөттүк. Себеби ал падышанын дини боюнча инисин алып кала алмак эмес. Бирок, Аллах кааласа алып калмак. Биз каалаган адамыбыздын даражасын көтөрөбүз. Бардык илим ээсинин үстүндө Билүүчү бар. 77. Бул уурдаган болсо, мурдараак мунун бир тууган агасы дагы уурулук кылган - Юсуф бул сөздөрдү аларга билдирбей жутуп койду жана: өзүӊөр эӊ жаман адамсыӊар. Айткан сөзүӊөрдү Аллахтын Өзү жакшы билет - деди. 78. Алар айтты: О, улукзада! Бул баланын картайып калган атасы бар. Анын ордуна биздин бирөөбүдү алчы! Биз сени жакшылык кылган кишилерден деп билебиз. 79. Аллах сактасын! - деди. Буюмубуз кимден табылган болсо, ошону гана алып калабыз. Антпегенде, биз зулум кылуучу болуп калабыз. 80. Андан үмүттөрү үзүлгөндө, өз алдынча чогулуп кеӊешишти. Алардын чоӊу айтты: Билбейсиӊерби, атаӊар силерден Аллахты ортого коюп антубада алган. Мурдараак, Юсуф жөнүндө да ушундай кыскалык кылгансыӊар. Эми, мен качан мага атам уруксат бермейинче же Аллах менин пайдама өкүм кылмайынча ушул ордуман козголбоймун. Аллах өкүм кылуучулардын мыктысы! 81. А силер болсо атаӉарга баргыла дагы дегиле: Ата! УулуӉ уурулук кылды. Биз билгенибизди гана айтып жатабыз биз кайыпты билүүчү эмеспиз. 82. Биз болгон шаардан жана бизл келген кербендерден сура. Биз чын сүйлөп жатабыз. 83. Якуб: НапсиӉер силерди жаман ишке баштаган го. Жакшынакай сабыр кылуу. Аллах баардыгын чогуу берип калса ажеп эмес! Чынында, Аллах - Билүүчү, Даанышман - деди. 84. Аларга далысын салып айтты: О, Юсуф байкушум! Кайгы-кападан көздөрүнө ак түшүп кетти. Ал ичине жутат болчу. 87


85. Балдары айтты: Аллахка ант! Юсуфту эстей берип, өлгөнү калдыӊыз же өлүп каласыз! 86. Якуб: Кайгы-капам менен арыз-муӊумду Аллахка гана айтамын! Мен силер билбеген нерселерди Аллахтан билемин! - деди. 87. О, балдарым! Баргыла, Юсуф менен инисин издегиле! Аллахтын ырайымынан үмүн үзбөгүлө! Аллахтын ырайымынан каапыр адамдар гана үмүтсүз болушат! 88. Алар Юсуфтун алдына киргенде дешти: О, урматуу таксыр! Биз жана үйбүлөөбүз кыйналып калдык. Жана сага биртике буйумдарды гана алып келдик. Бизге садака кылып, өлчөмдү толтуруп бер эми. Аллах садака кылуучуларга сооп жазат го! 89. Юсуф деди: Тээ наадандык жасаган кезиӉерде, Юсуф менен анын инисине эмне кылганыӉар эсиӉердеби? 90. Сен Юсуфсуӊбу? - деди бардыгы. Мен Юсуф боломун. А, бул болсо иним. Аллах бизге ырайым көргөздү. Чынында, кимде-ким Аллахтан коркуп, сабырдуу болсо, Аллах жакшылык кылуучулардын сыйлыгын текке кетирбейт - деди. 91. Агалары: Аллахка ант, Аллах сени бизден абзел жогору кылды. Биз ката кылуучулардан болдук! - дешти. 92. Юсуф айтты: Бүгүн силерди айыптамай жок. Силерди Аллахтын Өзү кечирсин! Ал - ырайым кылуучулардын эӊ ырайымдуусу! БИБЛИЯ “ЖУСУП ЖАНА БИР-ТУУГАНДАРЫ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 42 1 Жакып Мисирде эгин бар экенин угуп, уулдарына: «Эмне бири-бириңерди карап отурасыңар? 2 Мен Мисирде эгин бар деп уктум. Өлбөй тирүү калышыбыз үчүн, ошол жакка барып, эгин сатып келгиле», – деди. 3 Ошондо Жусуптун он бир тууганы Мисирге эгин сатып келгени жөнөп кетишти. 4 Бирок Жусуптун бир тууганы Бенжеминди Жакып аларга кошуп жиберген жок. Анткени ал: «Бул да кырсыкка учурап калбасын», – деди. 88


5 Ошентип, Ысрайылдын уулдары башкалар менен кошо эгин сатып алууга келишти, анткени Канаан жеринде ачарчылык болуп жаткан эле. 6 Жусуп болсо ал жердин башкаруучусу болгондуктан, жер жүзүндөгү бардык элге эгин сатып жаткан. Жусуптун бир туугандары келип, жерге чейин ийилип, ага таазим этишти. 7 Ошондо Жусуп бир туугандарын көрүп, аларды тааныды, бирок таанымаксан болуп: «Кайдан келдиңер?» – деп, зекий сурады. Алар: «Канаан жеринен, азык сатып алганы келдик», – дешти. 8 Жусуп бир туугандарын тааныды, бирок алар аны таанышкан жок. 9 Ошондо Жусуп алар жөнүндө көргөн түштөрүн эстеп, аларга: «Силер чалгынчысыңар, бул жердин начар жерлерин көргөнү келдиңер», – деди. 10 Алар: «Андай эмес, таксыр, кулдарың азык сатып алганы келишти. 11 Биз бардыгыбыз бир атанын балдарыбыз. Биз чынчыл адамдарбыз. Кулдарың чалгынчы болгон эмес», – дешти. 12 Жусуп аларга: «Жок, силер бул жердин начар жерлерин көргөнү келдиңер», – деди. 13 Алар: «Биз, сенин кулдарың, он эки бир тууганбыз. Биз Канаан жеринде жашаган бир адамдын балдарыбыз, кенже бир тууганыбыз азыр атабыздын жанында, ал эми бирөө жок болду», – дешти. 14 Жусуп аларга: «Силер чалгынчысыңар деп, мен ошон үчүн айткам. 15 Эми силер минтип сыналасыңар: фараондун өмүрү менен ант берем, эгерде бул жерге кенже бир тууганыңар келбесе, силер бул жерден чыкпайсыңар. 16 Араңардан бирөөнү жибергиле, ал барып, бир тууганыңарды алып келсин. Силер болсо камала турасыңар. Ошондо силердин айтканыңар чын же калп экени билинет. Чын болбосо, фараондун өмүрү менен ант берем, силер чалгынчысыңар», – деди. 17 Ошентип, Жусуп аларды үч күнгө каматып койду. 18 Yчүнчү күнү Жусуп мындай деди: «Эми мындай кылсаңар, тирүү каласыңар, анткени мен Кудайдан корком. 19 Эгерде силер чынчыл адамдар болсоңор, анда бирөөңөр силер камалган үйдө камалып турсун. Калганыңар ачка отурган үй-бүлөңөргө эгинди жеткиргиле. 20 Айтканыңар чын болсо, өлгүңөр келбесе, кенже бир тууганыңарды алып келгиле». Алар так ошондой кылышты.

89


21 Ошондо алар бири-бирине: «Биз бир тууганыбызга кылган күнөөбүз үчүн жазаланып жатабыз. Биз анын жаны кыйналып турганын көргөнбүз, ал бизге жалынып-жалбарганда, аны укпай койгонбуз, ошон үчүн башыбызга ушул кайгы түштү», – дешти. 22 Рубейин аларга мындай деди: «“Балага каршы күнөө кылбагыла”, – деп айтпадым беле? Бирок силер тил албай койгонсуңар. Мына эми анын каны үчүн жазаланып жатабыз». 23 Алар болсо Жусуптун түшүнүп турганын билишкен жок, анткени алардын ортосунда тилмеч бар эле. 24 Жусуп бурулуп, нары басты да, ыйлап жиберди. Анан кайра келип, алар менен сүйлөшүп, алардын ичинен Шымонду алып, бир туугандарынын көзүнчө байлатып салды. 25 Анан Жусуп: «Булардын каптарына эгин толтуруп, ар биринин каптарына күмүштөрүн кайра салып, жолго жетерлик азык бергиле», – деп буйрук берди. Аларга так ошондой кылышты. 26 Алар эгиндерин эшектерине артып, ал жерден жөнөп кетишти. 27 Жолдо түнөгөнү токтошкондо, алардын бири эшегине жем бермек болуп, каптын оозун чечип, оозунан өзүнүн күмүшүн көрдү. 28 Анан ал бир туугандарына: «Менин күмүшүмдү кайра салып коюшуптур. Мына, ал менин кабымда экен», – деди. Ошондо алардын тынчы кетип, коркконунан калтырашып, бири-бирине: «Кудайдын бизге бул эмне кылганы?» – дешти. 29 Алар Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, болгон окуялардын баарын мындай деп айтып беришти: 30 «Ал жердин башкаруучусу зекий сүйлөп, бизди чалгынчы катары эсептеди. 31 Ошондо биз ага: “Биз чынчыл адамдарбыз, биз чалгынчы болуп көргөн эмеспиз. 32 Биз бир атадан он эки бир тууганбыз. Бир бир тууганыбыз жок болгон, кенже бир тууганыбыз азыр Канаан жеринде, атабыздын жанында”, – дедик. 33 Анан ал жерди башкарган адам бизге: “Силердин чынчыл адам экениңерди мен мындан билейин: бир туугандарыңардын бирин мага калтырып, калганыңар эгинди алып, ачка отурган үй-бүлөңөргө жеткиргиле. 34 Анан кенже бир тууганыңарды мага алып келгиле. Силердин чалгынчы эмес, чынчыл экениңерди ошондо билип, бир тууганыңарды колуңарга берем, ошондо силер бул өлкөгө ээн-эркин келип-кетсеңер болот”, – деди».

90


35 Алар каптарын бошотуп жатканда, ар биринин кабынан күмүш салынган түйүнчөктөрү чыкты. Күмүш салынган түйүнчөктөрүн көрүшкөндө, өздөрү да, атасы да коркуп кетти. 36 Ошондо атасы Жакып аларга: «Силер мени балдарымдан айрыдыңар. Жусуптан айрылдым, Шымондон да айрылдым, эми Бенжеминди алып кеткиңер барбы?! Мунун баары менин башыма түшкөн мүшкүл!» – деди. 37 Рубейин атасына мындай деди: «Эгерде мен сага Бенжеминди алып келбесем, эки уулумду өлтүрүп сал. Аны менин колума тапшыр, мен аны кайра алып келем». 38 Жакып аларга: «Уулум силер менен барбайт, анткени агасы өлүп, өзү жалгыз калды. Эгерде силер бараткан жолдо бул да кырсыкка учураса, ак баскан башыма кайгы кошуп, өлгөндөр жаткан жайга жибересиңер», – деди. БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 43 1 Жер жүзүндө ачарчылык күчөдү. 2 Алар Мисирден алып келген эгинди жеп бүтүшкөндөн кийин, атасы уулдарына: «Дагы барып, бир аз азык сатып келгиле», – деди. 3 Ошондо Жүйүт атасына мындай деди: «Ал киши бизге чечкиндүү түрдө: “Эгерде силер менен кошо бир тууганыңар келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө”, – деген. 4 Эгерде инибизди биз менен кошо жиберсең, барып, сага азык сатып келебиз. 5 Эгерде жибербей турган болсоң, анда барбайбыз, анткени ал киши: “Эгерде силер менен кошо бир тууганыңар келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө”, – деген». 6 Ошондо Ысрайыл аларга: «Эмнеге мага ушундай жамандык кылдыңар? Ал кишиге дагы бир инибиз бар деп, эмнеге айттыңар?» – деди. 7 Алар: «Ал киши биз жөнүндө, үй-бүлөбүз жөнүндө сураштырып: “Атаңар дагы эле тирүүбү? Бир тууганыңар барбы?” – деди. Ал бизге суроо бергенинен улам жооп бердик. Анын бизге иниңерди алып келгиле дээрин кайдан билдик?» – деп жооп беришти. 8 Жүйүт атасы Ысрайылга: «Баланы мени менен жибер, биз ордубуздан туруп, жолго чыгалы, анан биз да, сен да балдарыбыз менен кошо өлбөй тирүү калабыз. 91


9 Ал үчүн мен жооп берем, аны менден сурайсың. Эгерде мен аны алып келип, алдыңа койбосом, өмүр бою сенин алдыңда айыптуу бойдон калайын. 10 Биз минтип кечиктирбегенде, эмгиче эки барып келмекпиз», – деди. 11 Атасы Ысрайыл аларга мындай деди: «Андай болсо мындай кылгыла: өзүңөр менен кошо бул жердин мөмө-жемишинен алып, ал кишиге белек катары бир аз балӉзам, бир аз бал, стиракс менен ладан жыгачтарынын чайырынан, мистеден, бадам жаңгагынан алып барып бергиле. 12 Колуңарга мурункудан башка күмүш алгыла. Ал эми кабыңардын оозуна кайра салып койгон күмүштү өз колуңар менен кайра бергиле, мүмкүн, бул жаңылыштыктан болгондур. 13 Бир тууганыңарды алгыла да, туруп, ошол кишиге кайра баргыла. 14 Кудуреттүү Кудай силерди ал кишиден ырайым таптырсын, ал Шымон бир тууганыңарды да, Бенжеминди да коө берсин. Эгерде баласыз өтө турган болсом, баласыз эле өтөйүн». 15 Ошентип, бул адамдар ушул белектерди, мурункудан эки эсе көп күмүш жана Бенжеминди алып, Мисирге жөнөштү. Алар Жусуптун алдына келишти. 16 Жусуп алардын арасынан Бенжеминди көрүп, өз үйүнүн башчысына мындай деди: «Бул адамдарды үйгө киргизип, мал союп, тамак бышыр, анткени бул адамдар мени менен түштөнүшөт». 17 Ошондо ал адам Жусуп айткандай кылып, бул кишилерди Жусуптун үйүнө киргизди. 18 Жусуптун үйүнө киргизишкенинен улам, бул кишилер коркуп кетишип: «Бул кабыбызга кайра салынган мурунку күмүштөр үчүн болуп жатат. Кыйкым таап, бизди айыпка жыгып, кулга айландырып, эшектерибизди тартып алыш үчүн үйгө киргизишти», – дешти. 19 Ошондо алар Жусуптун үй башкаруучусуна жакын келишип, ага эшиктин жанынан мындай деп сүйлөй башташты: 20 «Кулак салчы, мырза, биз мурун да азык сатып алганы келгенбиз. 21 Жолдо түнөгөн жерибизде каптарыбызды ачсак, ар бирибиздин күмүшүбүз каптарыбыздын оозунда экен, салмагы кемибептир. Азыр биз аларды өз колубуз менен кайра бергени келдик. 22 Ал эми азык сатып алыш үчүн, башка күмүш ала келдик. Каптарыбызга күмүшүбүздү ким салып койгонун билбейбиз».

92


23 Ал: «Тынчсызданбай эле койгула, коркпогула. Силердин Кудайыңар, атаңардын Кудайы, кабыңарга кенч салып берди. Мен силердин күмүшүңөрдү алгам», – деди да, аларга Шымонду алып келди. 24 Анан ал киши буларды Жусуптун үйүнө киргизип, суу берди. Алар буттарын жуушту. Ал булардын эшектерине да жем берди. 25 Алар белектерин түшкө маал, Жусуп келер убакытка жакын даярдап коюшту, анткени ошол жерде тамактанышарын угушкан эле. 26 Жусуп үйүнө келгенде, алар колдорундагы белектерин үйгө алып кирип, ага беришти, анан жерге чейин ийилип таазим этишти. 27 Жусуп алардын ден соолугун сурады. Анан мындай деди: «Силер айткан кары атаңар күүлүү-күчтүүбү, дагы эле тирүүбү?» 28 Алар: «Сенин кулуң, биздин атабыз күүлүү-күчтүү, тирүү», – деп жооп беришти. Анан баш ийип таазим этишти. 29 Жусуп өзүнүн энесинин уулу, бир тууганы Бенжеминди көрүп: «Бул силер айткан кенже бир тууганыңарбы?» – деди. Анан ага кайрылып: «Уулум, Кудайдын ырайымы сени менен болсун!» – деди да, 30 шашылыш чыгып кетти, анткени бир тууганына болгон сүйүүсү артып, ыйлап жибере жаздаган эле. Ички бөлмөгө кирип, ошол жерде ыйлады. 31 Анан бетин жууп, кайра чыкты. Өзүн колго алды да: «Тамак тарткыла», – деди. 32 Ага өзүнчө, аларга өзүнчө жана бирге түштөнгөн мисирликтерге өзүнчө тамак тартышты, анткени мисирликтер үчүн эврейлер менен бирге отуруп тамактануу жийиркеничтүү болчу. 33 Аларды Жусуптун алдына улуулата отургузушту, ошондо бул адамдар таң калып, бири-бирин карашты. 34 Жусуп аларга тамак тарттырып жатты, аларга караганда Бенжеминге беш эсе көп тартылды. Алар Жусуп менен бирге тойгончо ичип-жешти. БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 44 1 Анан Жусуп үй башкаруучусуна мындай деп буйрук берди: «Бул адамдардын каптарына алып кете алышынча эгин толтуруп, ар биринин күмүшүн өз-өз кабына салып кой. 2 Ал эми менин күмүш чөйчөгүмдү кенжесинин кабынын оозуна эгин сатып алган күмүшү менен кошо салып кой». Yй башчысы Жусуптун айтканындай кылды. 93


3 Эртең менен жарык киргенде, аларды эшектерине мингизип жөнөтүп жиберишти. 4 Алар шаардан узай электе, Жусуп үй башкаруучуга мындай деди: «Жөнө, бул адамдарды кууп жет. Кууп жеткениңде, аларга: “Эмне үчүн жакшылыкка жамандык менен жооп бердиңер? 5 Бул мырзамдын аш иче турган чөйчөгү эмеспи? Ал бул чөйчөк менен төлгө ачат. Силер жаман иш кылдыңар!” – де». 6 Ал кууп жетип, аларга ушул сөздөрдү айтты. 7 Алар ага: «Мырзабыз эмне үчүн мындай сөздөрдү айтып жатат? Жок, кулдарың мындай иштерди кылбайт. 8 Каптарыбыздын ооздорунан тапкан күмүштөрдү биз Канаан жеринен сага кайра алып келбедик беле. Эми кантип мырзаңдын үйүнөн күмүш же алтын уурдамак элек? 9 Сенин кулдарыңдын кимисинен табылса, ал өлүм жазасына тартылсын жана биз мырзабызга кул бололу», – дешти. 10 Ал: «Жакшы болот, силер кандай айтсаңар, ошондой болсун: чөйчөк кимден табылса, ал мага кул болуп калат, ал эми силер айыптуу болбойсуңар», – деди. 11 Алар каптарын шашылыш түрдө жерге түшүрүштү. Ар бири өз кабын ачты. 12 Үй башчысы бир туугандардын каптарын улуусунукунан баштап кичүүсүнүкүнө чейин тинтип чыкты. Чөйчөк Бенжеминдин кабынан табылды. 13 Ошондо алар өз кийимдерин айрып, ар бири өз жүгүн эшегине артып, шаарга кайтып келишти. 14 Анан Жүйүт бир туугандары менен Жусуптун үйүнө келди. Ал үйүндө экен. Алар анын алдына келип, жерге жыгылышты. 15 Жусуп аларга: «Бул эмне кылганыңар? Силердин эмне кылганыңарды мендей адам, сөзсүз, билип коөрун билген жок белеңер?» – деди. 16 «Мырзабызга эмнени айтмак элек? Эмне демек элек? Эмне деп актанмак элек? Кудай кулдарыңдын айыбын ачты. Эми биз да, чөйчөктү алган адам да мырзабыздын кулу болобуз», – деди Жүйүт. 17 Бирок Жусуп мындай деди: «Жок, мен мындай кылбайм. Кимдин колунан чөйчөк табылса, ошол мага кул болот, ал эми силер атаңарга тынчтык менен бара бергиле».

94


18 Ошондо Жүйүт ага басып келип, мындай деди: «Мырзам, кулуңдун сөзүнө кулак салсаң экен. Кулуңа каарданбасаң экен, анткени сен фараондай эле адамсың. 19 Мырзам кулдарынан: “Атаңар же бир тууганыңар барбы?” – деп сурады эле. 20 Биз мырзабызга: “Биздин карыган атабыз жана анын карыганда көргөн кенже уулу бар, бир тууганы өлүп, ал бир энеден жалгыз калды. Аны атасы жакшы көрөт”, – дегенбиз. 21 Сен болсо кулдарыңа: “Аны мага алып келгиле, мен көрөйүн”, – дедиң. 22 Биз мырзабызга: “Бала атасын таштай албайт. Эгерде ал атасын таштап кетсе, анда атасы өлүп калат”, – дедик. 23 Бирок сен кулдарыңа: “Эгерде кенже иниңер силер менен кошо келбесе, мындан ары көзүмө көрүнбөгүлө”, – дедиң. 24 Биз сенин кулуңа – атабызга барып, мырзабыздын сөздөрүн айттык. 25 Анан атабыз: “Дагы барып, бир аз эгин сатып келгиле”, – деди. 26 Биз ага: “Биз бара албайбыз. Эгерде кенже бир тууганыбыз биз менен барса, барабыз, анткени кенже бир тууганыбыз биз менен барбаса, тиги кишинин жүзүн көрүүгө болбойт”, – дедик. 27 Ошондо сенин кулуң – биздин атабыз мындай деди: “Аялым мага эки уул төрөп бергенин силер билесиңер. 28 Бирөөнөн ажырадым, ошондо: “Чын эле, ал жырткычка таланса керек”, – дедим эле. Анткени мен аны бүгүнкү күнгө чейин көрө элекмин. 29 Эми муну да алсаңар, бул да бир кырсыкка учураса, карыган кезимде кайгыга салып, өлгөндөр жаткан жайга жибересиңер”. 30 Эгерде мен сенин кулуңа – атама барганда, жанындай көргөн баласы жаныбызда болбосо, 31 анда ал баласы жок экенин көрүп, өлүп калат, кулдарың сенин кулуңду – чачын ак баскан атабызды кайгыга малып, өлгөндөр жаткан жайга жиберет! 32 Анын үстүнө, мен, кулуң, бала үчүн жооп берүү милдетин алып: “Эгерде аны сага алып келбесем, анда мен сенин алдыңда өмүр бою айыптуу болоюн”, – деген элем. 33 Ошондуктан мен, кулуң, бул баланын ордуна сага, мырзама, кул болуп калайын, бала болсо бир туугандары менен кете берсин. 34 Анткени бала жанымда болбосо, атама кантип барам? Атамдын башына түшкөн кайгыны кантип карап турам?» 95


БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 45 1 Ошондо Жусуп жанында тургандардын алдында өзүн кармай албай: «Менин жанымда турган адамдардын бардыгы чыксын», – деп кыйкырып жиберди. Жусуп бир туугандарына өзүнүн ким экенин айтканда, жанында эч ким жок эле. 2 Ал катуу ыйлап жибергендиктен, аны мисирликтер да, фараондун үй ичи да укту. 3 Анан Жусуп бир туугандарына: «Мен Жусупмун, деги атам тирүүбү?» – деди. Бирок бир туугандары жооп бере албай калышты, анткени алар анын алдында коркуп турушту. 4 Ошондо Жусуп бир туугандарына: «Мага жакын келгилечи», – деди. Алар жакын келишти. Ал: «Мен Жусупмун, силердин Мисирге сатып жиберген бир тууганыңармын. 5 Бирок азыр кайгырбагыла, мени бул жакка сатып жибергениңерге өкүнбөгүлө, анткени Кудай силердин өмүрүңөрдү сактап калыш үчүн, мени бул жакка силерден мурун жиберди. 6 Анткени жер үстүндө ачарчылык башталганына эки эле жыл болду, дагы беш жыл жер да айдалбайт, эгин да орулбайт. 7 Силерди жер үстүндө калтырыш үчүн жана улуу куткаруу иши менен өмүрүңөрдү сактап калуу үчүн, Кудай мени силерден мурун жиберди. 8 Ошондуктан мени бул жакка силер эмес, Кудай жиберди. Ал мени фараондун атасы, анын бүт үйүнүн мырзасы, бүткүл Мисир жеринин эгедери кылып койду. 9 Атама тезирээк баргыла да: Уулуң Жусуп мындай дейт дегиле: “Кудай мени бүткүл Мисир жерине мырза кылып койду. Мага тез кел. 10 Сен Гошен деген жерде жашайсың. Сен уулдарың, уулдарыңдын уулдары, майда жана бодо малың менен, өзүңдүн бардык мүлкүң менен менин жанымда болосуң. 11 Ошол жерде мен сени багам, анткени дагы беш жыл ачарчылык болот. Өзүң да, үйүң да, кишилериң да жакырданып кетпесин”. 12 Силерге өз оозум менен айтып жатканымды өзүңөр да, бир тууганым Бенжемин да өз көзү менен көрүп турат. 13 Атама Мисирдеги бүткүл атак-даңкымды, көргөнүңөрдүн бардыгын айтып баргыла да, атамды тезирээк бул жерге алып келгиле», – деди. 14 Анан ал бир тууганы Бенжеминди мойнунан кучактап ыйлады. Бенжемин да аны мойнунан кучактап ыйлады. 96


15 Анан бардык бир туугандарын өпкүлөп, аларды кучактап ыйлады. Андан кийин бир туугандары аны менен сүйлөшүштү. 16 Жусуптун бир туугандары келгендиги тууралуу кабар фараондун үйүнө жетти. Бул кабар фараонго да, анын кулдарына да жакты. 17 Ошондо фараон Жусупка мындай деди: «Бир туугандарыңа мындай деп айт: “Малыңарга жүк артып, Канаан жерине жөнөгүлө. 18 Атаңарды да, үй-бүлөңөрдү да алып, мага келгиле. Мен силерге Мисирдин эң жакшы жерин берем, силер семиз жердин жемишинен жейсиңер”. 19 Сага болсо аларга мындай деп айтууңду буйрук кылам: “Мындай кылгыла де: Балдарыңар менен аялдарыңар үчүн Мисир жеринен араба алгыла, атаңарды алып келгиле. 20 Буюмдарыңар үчүн өкүнбөгүлө, анткени силерге бүткүл Мисир жериндеги эң жакшы нерселерди берем”». 21 Ысрайыл уулдары ошондой кылышты. Жусуп аларга фараондун буйругу боюнча арабаларды, жол азыктарын берди. 22 Ар бирине алмаштырып кийгидей кийим берди. Бенжеминге болсо үч жүз күмүш тыйын жана беш сыйра кийим берди. 23 Ал эми атасына Мисирдин эң жакшы жер-жемиштери жүктөлгөн он эшек, эгин жана атасынын жолуна камдалган тамак-аш жүктөлгөн он ургаачы эшек жөнөттү. 24 Жусуп бир туугандарын ошентип коө берди. Алар жөнөп кетишти. Аларга: «Жолдо урушпай баргыла», – деди.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Жусуп бир туугандарына кичүү инисин эмкиде алып келишпесе алрага Мисир жеринде буудай сатпай койорун айтты. 2. Бир туугандары үйүнө жетип, мүшөктөрүн ачып төлөгөн буюмдарын кайра таап алышканда сүйүйнүштү, алар бул буюмдарга кайра буудай сатып алабыз деп кубанышты. 97


3. Бир туугандар кичүү инисин коргойбуз деп ант беришкенден кийин гана Жакып аларды Мисирге койберди, бирок эмнегедир шаарга ар башка дарбазалар менен киргиле деди - баары бир Жусуптун алдында алар чогу турушат эле да. 4. Жусуп кичүү инисин жолуктурганда ага жашыруу өзүнүнү ким экенин айтты, ошол учурдан баштап кичүү иниси Мисир башчысынын чын эле ким экенин жашырып жүрүшү керек болду. 5. Кичүү инисин Мисирде калтырыш үчүн Жусуп кичүү инисинин баштыгына падышанын алтын кесесин салдырып койду, аны кайра өзү издеп тааб алды. 6. Жусуп кичүү инисин уурулук үчүн камакка алымыш этти. Агалары атасына берген анты үчүн Жусупка башка бир тууганын алып калууну сунуш этишти, ал макул болбоду, ошондо эӊ улуу агасы Мисирде калууну чечти да атасына кичүү уулу ууру экенин айткыла деп кеӊеш берди. 7. Жакып абдан капа болду, бирок ошентсе да ал Жусуп тирүү деп үмүттөнө берди, ал балдарын кайра Мисирге жиберди, барып дагы бир жолу Жусуп жана кичүү иниси тууралуу билип келгиле деп. 8. Мисирге келишкенде алардын буудай үчүн төлөй турган буюмдары аз болгондуктан Жусуптан кайыр садака кылып жардам сурашты. Жусуп болсо бир туугандарына ким экенин айтты, бир туугандары аны таанышып, кечирим сурашты.

БИБЛИЯДА: 1. Жусуп бир туугандарынан үйдө даги бир бир тууганыӊар барбы деп сурады (ал иниси Бенжеминди сурап жатты), ал бир туугандарын - силер жер аӊдып жүргөн чалгынчысыӊар - деп айып салып, алардын бирин Симеонду барымтага алып калат. Ал эми калгандары болсо Ханаан жергесине барып кичүү иниси менен кошо кайра Мисирге келиши керек эле. 2. Ошондой эле алар кайтып бара жатышканда куржундарынан алар буудай үчүн төлөгөн тыйын-акыларын табышат да коркуп кетишет. Экинчи жолу 98


келишкенде алар муну мисирликтерге айтышып, жаӊылыштык болуп калса керек, биз буудай үчүн төлөгөн акчабыз кайра биздин куржундарыбызга түшүп калыптыр деп ачык айтышат да аларды кайтарып берүүнү айтышат, бирок Жусуптун кызматчысы бул тууралуу кам санабай эле койгула деп аларды тынчытат. 3. Жакып башында Бенжеминди Мисирге койобергиси келген жок, Симеон камакта жатса дагы. Бирок жегенге наны түгөнгөн кезде ал Бенжеминди алар менен жиберүүгө аргасыз болду, бирок жөн кое бербей, Жүйүт (бул эӊ улуусу эмес болчу) ал үчүн ант берип, аман-эсен алып келем дегенден кийин гана кое берди. 4. Жусуп бир туугандарынын арасынан Бенжеминди көргөндө ага ачылган жок. 5. Жусуп өз башынан өткөндүктөн, Бенжеминге калган бир туугандарынын мамилеси кандай экенин билиш үчүн алар кетип жатканда Бенжеминдин куржунуна өзүнүн алтын кесесин жашыруун салдырып коет. Ал эми бул алтын кесе куржундан табылганда бардык бир туугандар үчүн, Бенжемин үчүн да бул эӊ суук кабар болду. 6. Жусуп Бенжеминди камакка отургузуп, ал эми калгандарын кое берүүнү буюрду. Бирок бир туугандары Бенжеминсиз кетүүдөн баш тартышты, ал эми ондогон жылдар мурун Жусупту кулчулукка сатууну сунуштаган ошол эле Жүйүт Бенжеминдин ордуна кул болууга макул экенин айтты. 7. Бенжемин Мисирде түрмөдө жаткан да жок, анткени анын бир туугандары өз жерине кайтып атасына бул суук кабарды угузуу тууралуу түштөрүнө да кирмек эмес. Алар кичүү иниси үчүн өмүрлөрүн берүүгө даяр эле, ошону көрүп, Жусуп алардын алдында өзүнүн ким экенин ачып берди. Ал эми Жакып - Ысрайыл, Жусуп өлгөн деп түӊүлгөн, жана аны кайра тирүү көрөм деген үмүтү да жок болчу. 8. Алар Бенжемин үчүн өмүрлөрүн берүүгө даяр экенин көрүп, Жусуп алардын алдында өзүнүн ким экенин ачып берди. Бул баарын айран таӊ калдырды да, ошондой эле кубантты. Ошондон кийин гана Жусуп баарын атасына кое берди. 99


КУРАН “ЖУСУП ЖАНА АТАСЫ” СҮРӨ 12 ЮСУФ 93. Менин бул көйнөгүмдү атама алыпбарып бетине жапкыла - көзү ачылат. Анан баарыӉар үй-бүөөӉөр менен мага келгиле - деди. 94. Ал эми качан кербен козголору менен, атасы: Эгер үстүмөн күбөсөӉөр, мен Юсуфтун жытын сездим! - деди. 95. Аллахка ант, сен кадимки эле адашуучулугуӊдасыӊ - дешти. 96. Ал эми, качан сүйүнчүлөгөн адам келип, аны анын бетине келип таштаганда, көзү мурунку абалына кайтып, көрүп калды: Силерге Мен Аллахтан силер билбеген нерселерди көбүрөөк билемин дебедим беле? -деди. 97. Айтты: О, атаке! Биздин күнөөбүздү Аллахтан сураӉыз. Чынында, биз ката кылуучулардан болдук! 98. Якуб айтты: Албетте силердин күнөөӊөрдү кечирүүсүн Аллахтан сурайм. Аныгында, Ал Кечиримдүү, Ырайымдуу. 99. Юсуфка киришкенде, ата-энесин үйүнө түшүрүп: Мисирге кош келдиӉиздер! Аллах кааласа тынч келдиӉиздер! - деди. 100. жана ата-энесин тактыга алып барды. Бардыгы ага сажда кылып жыгылышты. Юсуф: О, атаке! Бул - менин мурунку түшүмдүн мааниси.Раббим ал түшүмдү акыйкатка айландырды. Ал мени зындандан чыгарганда, силерди ээн чөлдөн алып келгенде жана шайтан мени менен агаларымдын арасын бузгандан кийинки кездерде меге жакшылык кылды. Чынында, Раббим каалаган ишин кылдаттык менен иш жүзүнө ашырып коюучу! Ал - Билүүчү, Даанышман! 101. О, Раббим! Мага мүлк-бийлик берип, түштөрдүн маанисин үйрөттүӊ. О, асмандар жана жердин жаратуучусу! Менин дүйнө-Акыреттеги сактоочум Өзүӊсүӊ! Мени мусулман абалда өлтүрүп жакшы адамдарга кошкун! 100


102. Биз сага вахий кылган бул икая кайып кабарларынан. Айлакерлик кылып, өз иштерин чогуу эрежелештирип жатканда, сен алардын алдында жок болчусуӊ. 103. Эгер сен умтулсаӊ да адамдардын көпчүлүгү момун болушпайт. 106. Алардан көпчүлүгү Аллахка, мушрик болгон абалда ишенишет. 107. Алар өздөрүнө Аллахтын ороп алуучу азабы келишинен же болбосо, сезбей турган мезгилдеринде капыстан Кыямат келип калышынан көӊүлдөрү бейпил бекен? 108. Айт: Ушул менин жолум! Мен адамдарды Аллахка чакырамын! Мен жана мага ээрчигендер анык далилдин үстүндөбүз. Аллах Аруу таза! Жана мен мушриктерден эмесмин! 109. Сенден мурда Биз шаар элинин эркектеринен Пайгамбар кылып, аларга вахий жибергенбиз. Жер бетинде саякат кылышпайбы жана өздөрүнөн мурункулардын акыбеттери кандай болгонун көрүшпөйбү? Ал эми, такыба адамдар үчүн Акырет Үйү жакшы. Акыл калчап көрбөйсүӊөрбү? 110. Аллахтын Пайгамбарлары деле, биз алдандыкпы - деп ойлоп калышкан аларга Биздин жардамыбыз келген жана Биз каалаган адамдар куткарылган. Кылмышкер коомдордон болсо, Биздин азап кайтарылбайт! 111. Алардын баяндарында акылдуу адамдар үчүн сабак бар. Ойлоп чыгарылган сөздөр эмес. А, бирок, өзүнөн мурунку тастыктоочу, бардык нерсенин толук баяны жана ыймандуу адамдар үчүн Туура Жол жана Ырайымдар!

БИБЛИЯ “ЖУСУП ЖАНА АТАСЫ” БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 45 25 Алар Мисирден чыгып, Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, ага: 26 «Жусуп тирүү экен, азыр ал бүткүл Мисир жерин башкарып турат», – дешти. Бирок Жакып кош көңүл мамиле кылып койду, анткени аларга ишенген жок. 101


27 Алар ага Жусуптун айткан сөздөрүнүн бардыгын айтып беришти. Өзүн алып кетиш үчүн Жусуп жөнөткөн арабаларды көргөндөн кийин гана алардын атасы Жакыптын руху жандана түштү. 28 Ошондо Ысрайыл мындай деди: «Уулум Жусуп тирүү экенине эми ишендим, көзүм өтө элегинде барып, аны көрүп калайын». БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 46 1 Ошентип, Ысрайыл өзүнүн бардык мал-мүлкү менен жолго чыгып, Бейер-Шебага келди да, атасы Ыскактын Кудайына курмандык чалды. 2 Ошондо Кудай Ысрайылды түнкү көрүнүштө: «Жакып! Жакып!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен», – деп жооп берди. 3 Кудай ага мындай деди: «Мен Кудаймын, атаңдын Кудайымын. Мисирге баргандан коркпо, анткени ошол жерде Мен сенден улуу эл жаратам. 4 Мен Мисирге сени менен барам. Мен сени ал жерден кайра алып чыгам. Жусуп сенин көзүңдү өз колу менен жабат». 5 Ошондо Жакып Бейер-Шебадан чыкты. Ысрайылдын уулдары атасы Жакыпты, балдарын, аялдарын арабаларга салып, алып жөнөштү. Жакыпты алып келүү үчүн, ал арабаларды фараон жиберген эле.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Жусуп өз көйнөгүн атасынын көзүн айыктырыш үчүн бир туугандарынан берип жиберди. 2. Жакыптын көзү көрүп калгандан кийин, Жусуп тирүү экенин билгенден кийин, ал Жусуптун өлгөнүнө эч качан ишенген эмес экенин айтты. 3. Жусуп ата-энесин жакшы кабыл алды. Алардын баары Жусуптун тактысынын алдында ага жүгүнүштү (таазим кылышты), ошондо ал өз 102


түшүнүн маанисин эстетти, ошол түшүнүн негизинде аларда убагында жек көрүүчүлүк келип чыккан. 4. Бул жердеги баян бул: Алардын баяндарында акылдуу адамдар үчүн сабак бар. Ойлоп чыгарылган сөздөр эмес. А, бирок, өзүнөн мурунку тастыктоочу, бардык нерсенин толук баяны жана ыймандуу адамдар үчүн Туура Жол жана Ырайымдар

БИБЛИЯДА: 1. Жусуп атасы Жакыпка баласы тирүү экенин, ал Мисирде чоӊ даражалуу оорунду ээлеп турарын билдирүү үчүн бир туугандарын жиберди, ал эми атасынын көзүн көйнөгүнүн жардамы менен айыктырганы тууралуу эч нерсе жок бул жерде. БАШТАЛЫШ 48 : 9 Жусуп атасына: «Булар менин уулдарым, буларды Кудай мага ушул жерден берди», – деп жооп берди. Ошондо Жакып ага: «Аларды мага жакын алып келчи, мен аларга батамды берейин», – деди. 10 Карылыктан Ысрайылдын көзүнүн курчу кетип, жакшы көрө албай калган эле. Жусуп уулдарын ага жакын алып келди. Жакып аларды кучактап өптү. 11 Ошондо Ысрайыл Жусупка: «Сенин жүзүңдү көрөм деп үмүттөнгөн эмес элем, бирок Кудай мага уулдарыңды да көрсөттү», – деди. 2. Жусуп тирүү экен деген кабарды укканда да Жакып акырына чейин ишене албай турду. «Алар ага Жусуптун айткан сөздөрүнүн бардыгын айтып беришти. Өзүн алып кетиш үчүн Жусуп жөнөткөн арабаларды көргөндөн кийин гана алардын атасы Жакыптын руху жандана түштү». 3. Жусуп эч качан өз түштөрү жөнүндө бир туугандарына, айрыкча атасына (ата-энесине эмес, анткени анын апасы буга чейин көп жылдар мурун эле каза болуп калган) айтып (эскертип) турган эмес. Бирок жөн гана Кудай мунун баарына жол бергени - өз уруусун ачарчылыктан сактап калуу үчүн, түш жоруу жөндөмдүүлүгү үчүн эмес. 4. Суроо, Библиядагы баян же Курандагы баян - кайсынысы ойдон чыгарылган. Анткени булар бири биринен айырмаланып турат. 103


БӨЛҮМ 6 МУСА КУРАН “МУСАНЫН ТӨРӨЛҮШҮ” СҮРӨ 28 КАСАС 7. Биз Мусанын апасына илхам бердик: Аны эмизе бер. Эгер ага корксоӉ дарыясына агызып жибер. Коркпогун жана капа болбогун. Биз балаӊды сага кайтарып беребиз жана аны Пайгамбарлардан кылабыз. 8. аны Фираундун үй-бүлөөсү, өздөрүнө душман жана кайгы болушу үчүн кармап алды. Чынында, Фираун, Хааман жана экөөсүнүн аскерлери күнөө кылган адамдар эле. 9. Жана Фираундун аялы айтты: Бул бала мен үчүн да, сен үчүн да көз кубанычы! Аны өлтүрбөй эле койгулачы! Бизге пайдасы тийип калышы мүмкүн. Же болбосо асыранды бала кылып аларбыз. Алар эч нерсени байкабай турушту. 10. Ал эми, Мусанын апасынын көӊүлү бошоп калды. Эгер Биз ыймандуулардан болушу үчүн анын жүрөгүн сабыр менен байлабаганда, аны билдирип коюуга аз эле калган. 11. Ал Мусанын эжесине: Мусаны көзөмөлдөп бер - деди. Ал Мусаны алыстан карап турду. Алар эч нерсени сезбей турушту. 12. Биз мындан мурда эле эмизүүчүлөрдү арам кылып койгон элек. Айтты: Силер үчүн анын кепилдигин ала турган үй-бүлөөнү көргөзөйүнбү? Алар буга насаат кылуучу болушат. 13. Ошентип, Биз аны менен сүйүнсүн, капа болбосун жана Аллахтын убадасын билсин үчүн аны апасына кайтардык. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт. 14. Ал эми Муса эр жетип, жеткилеӊ болгондо, Биз ага өкүм жана илим бердик. Биз жакшы иш жасоочуларды ушинтип сыйлайбыз.

104


БИБЛИЯ “МУСАНЫН ТӨРӨЛҮШҮ” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 2 1 Леби уруусунан бир адам ошол эле уруудан аял алды. 2 Аялынын боюна бүтүп, эркек бала төрөдү. Баласынын абдан жакшынакай экенин көрүп, ал аны үч ай жашырып жүрдү. 3 Бирок ал андан ары жашыра албай калгандыктан, камыштан жасалган кол себет алып, аны илээшме ылай жана чайыр менен каптады да, баланы себетке салып, дарыянын жээгиндеги камыштын арасына коюп койду. 4 Эмне болор экен деп, баланын эжеси алыстан карап турду. 5 Ошол убакта фараондун кызы сууга түшкөнү дарыяга келди. Анын нөкөр кыздары дарыя жээктеп жүрүшкөн эле. Фараондун кызы камыштын арасындагы себетти көрүп, аны алып келүүгө күңүн жиберди. 6 Ал себетти ачып, баланы көрүп: «Бул эврей балдарынан экен», – деди. Бала ыйлап жаткандыктан, ага боору ооруду. 7 Баланын эжеси фараондун кызына: «Мен барып, эврей аялдарынан баланы эмизип багып бере турган аялды чакырып келейинби?» – деди. 8 Фараондун кызы ага: «Барып кел», – деди. Кыз барып, баланын энесин чакырып келди. 9 Фараондун кызы ага: «Бул баланы алып, мага багып бер. Акысын төлөп берем», – деди. Аял баланы алып, бага баштады. 10 Бала чоңойгондо, аял аны фараондун кызына алып келди. Ал аны бала кылып алды. «Мен аны суудан чыгарып алгам», – деп, баланын атын Муса койду. ЭЛЧИЛЕРДИН ИШТЕРИ БӨЛҮМ 7 15 Ошентип, Жакып Мисирге көчүп барды. Жакып да, аталарыбыз да ошол жерде көз жумушту. 16 Алардын сөөгү Шекем жериндеги мүрзөгө коюлду. Ыбрайым ал мүрзөнү Шекемдеги Хамор уулдарынан күмүшкө сатып алган эле. 105


17 Кудайдын Ыбрайымга берген убадасынын аткарыла турган убагы жакындай берди. Элибиз да Мисир жеринде көбөйүп жатты. 18 Кийин Жусуп жөнүндө билбеген башка падыша тактыга келди. 19 Ошол падыша биздин элибизге каршы ар кандай айла-амалдарды колдонуп, кысым көрсөттү. Элибиз көбөйбөш үчүн, жаңы төрөлгөн балдарды сууга таштоого мажбурлады. 20 Ошол убакта Муса төрөлдү, ал Кудайдын алдында абдан сүйкүмдүү эле. Аны үч ай өз ата-энеси бакты. 21 Ал эми сууга ташталгандан кийин, аны фараондун кызы багып алып, өз уулундай тарбиялап өстүрдү. 22 Муса Мисирде ар тараптуу билим алып, сөзү өтүмдүү, ишке жөндөмдүү адам болду. ЭВРЕЙЛЕРГЕ БӨЛҮМ 11 23 Муса төрөлгөндө, анын жакшынакай экенин көргөн ата-энеси аны ишеним менен үч ай бою жашырган. Алар падышанын буйругунан коркушкан эмес. 24 Муса эр жеткенде, ишеними аркылуу фараондун кызынын баласы деп аталуудан баш тарткан.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Кудай Мусанын апасына баласы кийин пайгамбар болорун айтты, баланы кантип куткарып калышын - дарыяга агызып жиберүүнү - айтты (эскертти). 2. Мусанын апасы аз жерден баланын ким экенин айтып сала жаздады. «...аны билдирип коюуга аз эле калган...», бирок Кудай «...анын жүрөгүн сабыр менен байлабаганда...», анан Мусанын эжесин артынан аӊдыганы жиберип койду.

106


3. Фараондун адамдары баланы суудан алып чгышты жана «...Фараондун аялы...» баланы тирүү калтырып, багып алууну суранды. 4. Ымыркай Мусага «Биз мындан мурда эле эмизүүчүлөрдү арам кылып койгон элек», анын эжеси келип калмайынча, анан ал кыз эврей аялдарынан эмизе турган аялды таап берүүнү сунуштады.

БИБЛИЯДА: 1. Мусанын апасы «Баласынын абдан жакшынакай экенин көрүп, ал аны үч ай жашырып жүрдү». Бул апасынын чечими болгон. 2. Мусаны апасы куткарууну чечти, аны чий баштыкка салып дарыяга агызып жиберди да, кызын артынан аӊдытып жиберди. 3. Фараондун кызы «...себетти ачып, баланы көрүп: «Бул эврей балдарынан экен», – деди. Бала ыйлап жаткандыктан, ага боору ооруду. Ал аял Мусаны багып алууну чечти. 4. Мусанын эжеси Фараондун кызына келип, баланы бага турган аялды таап берүүнү сунуштады. Ошентип Фараондун кызы Мусанын апасына аны бакканы үчүн жакшы акы төлөп берди.

107


КУРАН “МУСАНЫН КҮНӨӨСҮ, МИСИРДЕН КАЧЫШЫ” СҮРӨ 28 КАСАС 15. Жана Муса элдери бейпил бейкапар убакытта шаарга кирди. Анда эки адамдын мушташып жатканын көрдү. Бирөөсү өз жамаатынан, экинчиси душмандарынан. Өз жамаатынан болгон адам душман жамаатан болгон адамга каршы Мусадан жардам сурады эле, аны бир уруп өлтүрүп койду. Бул шайтандын ишинен. Ал түбөлүк душман жана Азгыруучу! - деди. 16. айтты: О, Раббим! Мен өзүмө зулумдук кылып алдым! Мени кечире көр! Анан Аллах аны кечирди. Чынында, Бир Өзү гана Кечирүүчү, Боорукер! 17. айтты: О, Раббим! Эми, мага нээмат кылып берген нерселериӊ менен, эч качан күнөөкөр адамдарга жардамчы болбоймун! 18. Эртеси шаарда, алаӊдап, коркуп бара жатса, капыстан, кече жардам сураган киши жардамга чакырып калды. Муса ага: Сен анык азгырылган адам экенсиӉ - деди. 19. Экөөсүнө теӉ душман болгон адамды күч менен кармоону каалады эле, ал: О, Муса! Кечээ бир жанды өлтүргөнүӉ сыяктуу, мени да өлтүрөйүн дедиӉби! Сен жер бетинде зордукчул болууну каалап калгансыӊ го! Сен оӊдоочулардан болууну каалабайсыӊ! - деди. 20. Анан шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: О, Муса! Адамдар сени өлтүрүү жөнүндө сүйлөшүп жатышат. Чыгып кет. Мен сага насаат айтуучуларданмын! - деди. 21. Муса, алаӊдап, коркуп: О, Раббим! Мени заалым коомдордон куткара көр деген бойдон чыгып кетти. 22. Ал Мадян тарапка жөнөгөндө: Раббим мени Туура Жолго салып койгусу бардыр - деди. 23. Качан Мадяндын суусуна жетип келгенде, анын үстүнө сугарып жаткан эркек кишилерди көрдү. Жана алардын алдында эки кыздын кайтарып турганын көрдү. Силерге эмне болду? - деди Муса. Алар айтышты: Биз чабандар кайтып кетмейинче сугара албайбыз. Ал эми, атабыз болсо, картайган чал.

108


24. Анан Муса экөөсүнө койлорун сугарып берди. Кийин көлөкөгө кайтып барып: О, Раббим! Өзүӊ мага түшүрө турган бир жакшылыгыӊа муктажмын! -деди. 25. Эки кыздан бири анын жанына ыйбаа менен басып келип: Атам сизди чакырууда, бизге сугарып бергениӉиздин сыйлыгын бериш үчүн - деди. Анын алдына барып, ага башынан өткөндөрүн айтып бергенде, ал: Коркпогун. Сен заалым адамдардан кутулдуӉ - деди. 26. Эки кыздын бири: Атаке, аны мандикер кылып албайсызбы? Мандикерлердин эӊ жакшысы ишенимдүүсү жана күчтүүлөрү - деди. 27. Мен сага мына бул эки кызымдан бирин никелеп берүүнү каалаймын - деди. Анын ордуна сен мага сегиз жыл жалчы болосуӉ. Эгер он жыл кылып толуктап койсоӉ, анда сен тараптан соопчулук болот. Бирок, мен сага машакат жүктөгөндү каалабаймын. Аллах кааласа, жакында менин жакшы адам экенимди билип аласыӊ. 28. Бул мени менен сиздин арабыздагы. Эки мөөнөттөн кай бирин аткарсам да, мага тоскоолдук болбосун. Мен айткан сөздөргө Аллах Өзү күбө! - деди Муса.

БИБЛИЯ “МУСАНЫН КҮНӨӨСҮ, МИСИРДЕН КАЧЫШЫ” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 2 11 Арадан көп убакыт өтүп, Муса чоңоюп эр жеткенден кийин, өз бир туугандарына (Ысрайыл уулдарына) барып, алардын жумушу оор экенин көрдү. Бир эврей бир тууганын мисирлик бир адам сабап жатканын көрүп калды. 12 Эки жагын карап, эч ким жок экенин байкады да, мисирликти өлтүрүп, кум менен көөмп салды. 13 Эртеси күнү эки эврейдин чатакташып жатканын көрүп, кордоп жатканына: «Эмне үчүн бир тууганыңды уруп жатасың?» – деди. 14 Ал болсо: «Ким сени бизге башкаруучу же соттоочу кылып койду? Мисирликти өлтүргөндөй, мени да өлтүргүң келип турабы?» – деди. 109


Ошондо Муса: «Чын эле, бул жөнүндө билип калышкан турбайбы», – деп, коркуп кетти. 15 Фараон бул жөнүндө укканда, Мусаны өлтүргүсү келди. Бирок Муса фараондон Мидиан жерине качып барып, кудуктун жанына отурду. 16 Мидиандык буткана кызматчысынын жети кызы бар эле. Алар атасынын койлорун сугарыш үчүн, кудукка келип, суу сузуп алып, аштоолорго суу толтуруп жатышкан. 17 Аңгыча койчулар келип, аларды кууп жиберишти. Ошондо Муса тура калып, кыздарды коргоп, койлорун сугарып берди. 18 Кыздары атасы Ребуелге келишкенде, атасы алардан: «Бүгүн эмне эрте келдиңер?» – деп сурады. 19 Алар ага: «Мисирлик бир киши бизди койчулардан коргоп калды. Атүгүл, кудуктан суу сузуп, койлорубузду сугарып берди», – дешти. 20 Ошондо ал кыздарына: «Ал кайда? Эмне үчүн аны таштап келдиңер? Барып, чакырып келгиле, тамак ичсин», – деди. 21 Мусага ал кишинин үйүндө жашоо жагып калды. Ал киши Мусага Сипор деген кызын берди. 22 Сипор уул төрөдү. «Мен бөтөн жерде келгин болуп калдым», – деп, Муса ага Гейиршом деген ат койду.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Бир күнү Муса бир тааныш эврей менен мисирлик бирөө мушташып жатканын көрүп калат. Боордошу жардам сураганда, Муса мисирлик кишини өлтүрүп койду. 2. Ошол эле эврей дагы бир башка мисирлик «душмандар жамаатынан» менен урушуп жатыптыр, кайра Мусадан жардам сурайт 3. Ошондо Муса мисирликти кармаганы чуркады,

110


«...Кечээ бир жанды өлтүргөнүӊ сыяктуу, мени да өлтүрөйүн дедиӊби! Сен жер бетинде зордукчул болууну каалап калгансыӊ го! Сен оӊдоочулардан болууну каалабайсыӊ!». 4. Муса кудуктун жанына келип малын сугарып жаткан койчуларды жолуктурду жана «...алардын алдында эки кыздын кайтарып турганын көрдү... Силерге эмне болду? - деди Муса...Анан Муса экөөсүнө койлорун сугарып берди. 5. Кыздардын атасы Мусага кыздарынын бирине үйлөн деди, ал эми Муса шарт боюнча ал кишиге малчы болуп 8-10 жыл кызмат кылышы керек эле, ал макул болду.

БИБЛИЯДА: 1. Муса «...өз бир туугандарына (Ысрайыл уулдарына) барып, алардын жумушу оор экенин көрдү. Бир эврей бир тууганын мисирлик бир адам сабап жатканын көрүп калды. Эки жагын карап, эч ким жок экенин байкады да, мисирликти өлтүрүп, кум менен көөмп салды». 2. Кийинки күнү Муса башка, бири-бири менен урушуп жаткан эки эврейди көрдү. Аларга арачы болуп, урушту токтотууга аракет кылды. 3. Мусага бир эврей мындай айып койду «Ким сени бизге башкаруучу же соттоочу кылып койду? Мисирликти өлтүргөндөй, мени да өлтүргүң келип турабы?» 4. Муса кудуктун жанына келип Мидиандык буткана кызматчысынын жети кызын көрдү. Кийичерээк башка койчулар келишип, кыздарды койлору менен четке сүрүп салышты, ошондо «Муса тура калып, кыздарды коргоп, койлорун сугарып берди». 5. Кыздардын атасы Мусага анын койчусу болууну сунуштады, кийинчерээк ал кыздарынын бирин Мусага баш коштурду, ал үчүн иштеп бер деп талап койгон жок. Жакып жана Лавандын убагындагы салт (шарт) 7 жыл кызмат кылуу Муса төрөлгөнгө чейин 400 жыл мурда болгон окуя. 111


БАШТАЛЫШ 29: 16 Лабандын эки кызы бар эле. Улуусунун аты – Лея, кичүүсүнүн аты – Рахел. 17 Леянын көзү начар көрчү, ал эми Рахелдин мүчөсү келишимдүү, өңү татынакай эле. 18 Жакып Рахелди сүйүп калып: «Мен кенже кызың Рахел үчүн сага жети жыл кызмат кылам», – деди. 19 Лабан ага: «Аны бөлөк бирөөгө бергенден көрө сага бергеним жакшы. Меникинде жашай бер», – деди. 20 Ошентип, Жакып Рахел үчүн жети жыл кызмат кылды. Ал аны сүйгөндүктөн, бул жылдар ага бир нече күндөй эле көрүндү.

112


КУРАН “МУСА ЖАНА БАДАЛДАГЫ ОТ” СҮРӨ 20 TAАХA 9. Сага Мусанын окуясы жетти беле? 10. Бир кезде ал от көрүп, үй-бүлөөсүнө: Ушул жерде тургула. Мен от көрүүдөмүн. Мүмкүн андан бир аз чок таап келээрмин же болбосо оттун жакынынан бир жол көргөзүүчү табармын - деди. 11. Отко жакындаганда: О, Муса - деген добуш угулду. 12. Мен сенин Раббиӊ боломун! Чокойуӊду чеч! Сен Ыйык Туваа өрөөнүндөсүӉ. 13. Мен сени тандап алдым. Эми вахий кылынчу нерселерди угуп ал: 14. Мен - Аллах боломун! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Мен гана бармын! Демек, Өзүмө ибадат кыл жана Мени эстөө үчүн намаз оку! 15. Ар бир жан өз кылмышына жараша алышы үчүн Кыямат сөзсүз келет. Мен аны сыр кылып койдум. 16. Сени Кыяматтан ага ишенбеген жана өз каалоосуна ээрчиген адамдар тосуп койбосун, бактысыз болуп каласыӊ! 17. Оӊ колуӊдагы эмне, О, Муса? 18. Бул менин таягым деди Муса. Мен ага таянамын жана менин койлорума аны менен күүп беремин. Жана башка максаттарга да пайдаланамын. 19. Аллах деди: О, Муса аны жерге таштагын. 20. Аны таштады эле сойлогон жыланга айланып калды. 21. Аны коӊуӊа ал жана коркпо. Биз аны абалкы кейпине келтирип койобуз. 22. Жана колуӊду колтугуӊа кат - жамандыгы жок, ак нурдуу болуп чыгат. Бул дагы бир моожиза. 23. Биздин чоӊ моожизаларыбыздан. Сага көргөзүп коюшубуз үчүн. 24. Эми, Фираунга бар ал чектен чыгып кетти. 25. Айтты: О, Раббим! Менин көкүрөгүмдү кенен кыл! 26. Жана менин иштеримди жеӊил кыл! 27. Тилимдеги түйүндү чечип кой 28. Адамдар түшүнгүдөй болсун 29. Мага өз үйбүлөөмдөн вазир-жардамчы даярдап бер: 113


30. Агам Харунду 31. Ал себептүү менин кубатымды көбөйт. 32. Аны ишиме шерик кыл. 33. Сага көп сажда кылышыбыз үчүн. 34. Сени көп зикир кылышыбыз үчүн. 35. Өзүӊ бизди көрүп туруучусуӊ! 36. Аллах айтты: Сураганыӊдын баары берилди сага О, Муса. СҮРӨ 27 НАМЛ 7. бир кезде Муса өз үй-бүлөөсүнө: Мен от көрдүм. Дароо андан кабар же силерге бир аз чок ала келейин. Ажеп эмес, жылынып аласыӊар - деди. 8. Ал отко келгенде: Оттун жанындагы кишиге жана тегерегиндегилерге береке болсун! Ааламдын Раббиси Аллах - Аруу! - деген добуш угулду. 9. О, Муса бул Мен - Кудудреттүү, Даанышман Аллахмын! 10. Аса таягыӊды ташта! Анын жылан болуп сойлогонун көргөндө артына карабай качып жөнөдү. О, Муса, коркпогун, Менин алдымда Пайгамбарлар коркушпайт. 11. Ал эми зулумдук кылган адамдар кийин күнөөсүн сооп ишке алмаштырса, Мен Кечиримдүүмүн, Ырайымдуумун. 12. колӊуду колтугуӊа киргиз, ал жамандыгы жок аппак болуп чыгат. Фираун жана анын коомуна арналган тогуз моожизадан. Чынында алар бузулган коомдор. СҮРӨ 28 РАССКАЗ 29. Муса мөөнөтү бүтүп, үй-бүлөөсү менен жолго чыкты. Тур тоосунун тарабынан от көрдү жана үйбүлөөсүнө: тургула. Мен от көрүүдөмүн. Ажеп эмес андан бир кабар же болбосо бир чеӊгел чок алып келсем. Жылынып алаар белеӊер - деди. 30. Отко жакындап барганда...берекеттүү жердин оӊ тарап өрөөнүндөгү кырдан - дарак тараптан бийик добуш угулду: О, Муса! Мен - ааламдын Раббиси боломун! 31. Аса таягыӊды ташта! Чоӊ эркек жылан сүрөтүндө ийрелеӊдеп турганын көрүп, аркасына карабай качып жөнөдү. О, Муса, кайт! - деди жанагы добуш. Жана коркпогун. Сен амандыкта болосуӊ. 114


32. Колуӊду жакаӊа (колтугуӊа) сал, ал эч бир жамандыксыз аппак болуп чыгат. Канатыӊды коркуудан өзүӊө кысып ал. Ушул экөө Фираун жана анын элине Раббиӊ тарабынан далилдер. Чынында алар бузулган адамдар. 33. айтты: О, Раббим! Мен алардан бир жанды өлтүрүп койгомун. Эми мени да өлтүрүп коюууларынан коркомун. 34. Жана менин бир тууганым Харун, ал менден тагыраак сүйлөйт. Аны мага жардамчы пайгамбар кылып бер. Мени тастыктап турат. Алар мага ишенбей коюшат деп ойлоймун. 35. Аллах айтты: Биз сени бир тууганыӊ менен кубаттандырабыз жана экөөӊө ушундай бийлик беребиз, алар экөөӊө жете албай калышат. Биздин аяттарыбыз менен сен экөөӊ жана экөөӊө ээрчигендер жеӊүүчү болосуӊар.

БИБЛИЯ “МУСА ЖАНА БАДАЛДАГЫ ОТ” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 3 1 Муса мидиандык буткана кызматчысы, кайнатасы Итронун койлорун кайтарып жүрдү. Бир күнү ал койлорду алыс жактагы чөлгө айдап барып, Кудайдын тоосу Хорепке келди. 2 Ошондо ага күйүп жаткан тикенектүү бадалдын арасынан, оттун жалынынан Теңирдин периштеси көрүндү. Муса тикенектүү бадалдын жалындап күйүп жатканын, бирок күйүп кетпегенин көрдү. 3 «Эмне үчүн бадал күйүп кетпейт? Барып, бул укмуштуу кубулушту көрүп келейинчи», – деди ал. 4 Теңир анын көргөнү келе жатканын көрүп, бадал ичинен аны: «Муса! Муса!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди. 5 Кудай ага: «Бул жерге жакындаба. Бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер – ыйык жер. 6 Мен сенин ата-бабаңдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын», – деди. Муса бетин жаап алды, анткени Кудайды карагандан коркту. 115


7 Теңир мындай деди: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм, башкаруучулардан кордук көрүп, боздогон үнүн уктум. Мен анын кайгысын билем. 8 Мен аны мисирликтердин колунан куткаруу үчүн, бул жерден алып чыгып, сүт менен бал аккан жакшы, кенен жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып баруу үчүн келдим. 9 Ысрайыл уулдарынын боздогон үнү Мага жетти, аларды мисирликтер кантип эзип жатканын көрүп турам. 10 Ошондуктан баргын, Мен сени фараонго жиберем. Мисирден Менин элимди, Ысрайыл уулдарын, алып чык». 11 Муса Кудайга: «Фараонго барып, Мисирден Ысрайыл уулдарын алып чыккыдай, мен киммин?» – деди. 12 Ошондо Кудай ага: «Мен сени менен болом, сени Мен жибергендигимдин белгиси мындай: сен элди Мисирден алып чыккандан кийин, ушул тоонун үстүндө Кудайга ийбадат кыласыңар», – деди. 13 Муса Кудайга: «Мен азыр Ысрайыл уулдарына барып: “Силердин атабабаңардын Кудайы мени силерге жиберди”, – десем, алар менден: “Анын аты ким?” – деп сурашса, эмне деп жооп беришим керек?» – деди. 14 Кудай Мусага: «Мен Бар Болуп Туруучумун (Жахабамын). Ысрайыл уулдарына: Мени силерге Бар Болуп Туруучу Өзү жиберди деп айт», – деди. 15 Кудай Мусага дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Теңир, силердин ата-бабаңардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мени силерге жиберди”. Бул Менин кылымдан кылымга, укумдан-тукумга белгилүү болгон ысымым. 16 Барып, Ысрайыл аксакалдарын чогултуп, аларга мындай деп айт: “Теңир, силердин ата-бабаңардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мага келип, мындай деди: «Мен силерге келип, Мисирде силерди эмне кылып жатышканын көрдүм. 17 Мен силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарып, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине, сүт менен бал аккан жерге алып барам»”. 18 Ошондо алар сени угушат. Сен болсо Ысрайыл аксакалдары менен бирге Мисир падышасына барып, ага мындай деп айтасың: “Теңир, эврейлердин Кудайы, бизди чакырып жатат, ошондуктан бизди чөлгө, үч күндүк жолго коө бер, Кудай-Теңирибизге курмандык чалалы”. 19 Мисир падышасын зор күч менен мажбурлабаса, силерге уруксат бербестигин билем. 116


20 Мен Өзүмдүн күчүмдү колдонуп, Мисирди кереметтерим менен кыйратам. Ал силерди ошондон кийин гана коө берет. 21 Мен бул элге мисирликтердин көз алдында ырайым кылам. Силер кетип бара жатканда, куру кол кетпейсиңер. 22 Ар бир эврей аял мисирлик коңшусунан жана үйүндө жашаган мисирлик аялдардан алтын-күмүш буюмдарын, кийимдерин сурап алат. Аларды уулкыздарыңарга кийгизесиңер, ошентип, мисирликтерди тоноп аласыңар». МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 4 1 Муса мындай деп жооп берди: «Эгерде алар мага ишенбей, менин үнүмдү укпай: “Теңир сага келген жок”, – дешсечи?» 2 Теңир андан: «Колуңдагы эмне?» – деп сурады. Ал: «Таяк», – деп жооп берди. 3 Теңир ага: «Аны жерге ташта», – деди. Ал аны жерге таштаганда, таяк жыланга айланды. Муса андан качты. 4 Теңир Мусага: «Колуңду сунуп, аны куйругунан карма», – деди. Ал колун сунуп, жыланды кармады. Ошондо ал анын колунда кайрадан таяк болуп калды. 5 Ошондо Теңир ага: «Бул жышаан аларга өздөрүнүн ата-бабаларынын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайы сага келгендигине ишениши үчүн көрсөтүлсүн», – деди. 6 Теңир ага дагы мындай деди: «Колуңду койнуңа сал». Ал колун койнуна салып, кайра чыгарганда, колу пес оорусунан кардай агарып калды. 7 Теңир дагы: «Колуңду кайрадан койнуңа сал», – деди. Ал колун койнуна салып, кайра чыгарганда, мурунку калыбына келди. 8 Ошондо Теңир ага дагы мындай деди: «Эгерде алар сага, биринчи жышаанга ишенбей коюшса, анда экинчи жышаанга ишенишет. 9 Эгерде алар бул эки жышаанга да ишенбей, сени укпай коюшса, анда дарыядан суу сузуп алып, жерге төк. Жерге төгүлгөн суу канга айланат». 10 Ошондо Муса Теңирге: «О, Теңир! Мен мурун эле сөзгө чечен эмес болчумун. Сен Өзүңдүн кулуң – мени менен сүйлөшүп жаткан учурда да, мен ошондой элемин. Мен кыйналып сүйлөйм, мен кекечмин», – деди. 11 Теңир ага: «Адамга ооз берген ким? Аны дудук же дүлөй, көздүү же сокур кылган ким? Ошенткен Теңир Мен эмесминби? 117


12 Демек, баргын. Мен сага айтып турам, эмнени айтууну үйрөтүп турам», – деди. 13 Муса мындай деди: «Теңир, менден башканы жибер». 14 Ошондо Теңир Мусага каарданып, мындай деди: «Леби уруусундагы Арун деген бир тууганыңчы? Мен анын сүйлөй аларын билем. Азыр ал сенин алдыңдан чыгат, сени көргөндө, сүйүнүп кетет. 15 Сен ага айтып турасың, эмнени айтууну үйрөтүп турасың. Мен болсо сага да, ага да эмне деш керек экениңерди айтып турам, эмне кылууну үйрөтүп турам. 16 Ал сенин ордуңа элге чыгып сүйлөйт. Ошондуктан ал сенин оозуң болот, сен болсо ал үчүн Кудай ордуна болосуң. 17 Бул таякты да колуңа ал, муну менен керемет көрсөтөсүң». 18 Муса ал жерден кетти. Анан ал кайнатасы Итрого келип, мындай деди: «Мен кетейин, Мисирдеги бир туугандарыма кайра барайын, алар тирүү бекен, көрүп келейин». Итро Мусага: «Тынчтык менен бара бер», – деди. 19 Мидиан жеринде Теңир Мусага: «Жөнө, Мисирге кайра бар, анткени сени өлтүрүүнү каалагандардын баары өлүшкөн», – деди. 20 Ошондо Муса аялы менен уулдарын эшекке мингизип, Мисир жерине жөнөп кетти. Муса Кудайдын таягын да колуна алды. 21 Теңир Мусага мындай деди: «Мисир жерине кайра барганыңда, байкагын, Мен сага айткан кереметтердин баарын фараондун алдында көрсөт. Мен болсо анын жүрөгүн катуулантып коөм, ошондо ал элди коө бербейт. 22 Фараонго мындай деп айт: Теңир мындай дейт: “Ысрайыл Менин уулум, тун уулум. 23 Мен сага айтып жатам: Менин уулумду коө бер, ал Мага ийбадат кылсын. Эгерде коө бербесең, анда Мен сенин уулуңду, тун уулуңду өлтүрөм”». 27 Теңир Арунга: «Чөлгө барып, Мусаны тосуп ал», – деди. Ал жолго чыгып, Кудайдын тоосунун жанынан Мусага жолугуп, аны бетинен өптү. 28 Муса Арунга өзүн жиберген Теңирдин бардык сөздөрүн, Ал осуят кылган бардык кереметтер жөнүндө айтып берди. 29 Анан Муса Арун менен барып, Ысрайыл уулдарынын бардык аксакалдарын чогултту. 30 Арун аларга Теңирдин Мусага айткан сөздөрүнүн баарын айтып берди. Муса болсо элдин көз алдында кереметтерди көрсөттү. 118


31 Ошондо эл ишенди. Алар Теңирдин Ысрайыл уулдарына келгенин, алардын тарткан азабын көргөнүн угушканда, тизе бүгүп таазим этишти.

КОММЕНТАРИЙ: КУРАНДА: 1. Муса отту өз чатырынан туруп эле көрүп койду, эмнегедир ал жактан кандайдыр бир кеӊеш билип келе аларын да сезгенсиди. 2. Бир добуш (үн) Мусага сен Сен Ыйык Туваа өрөөнүндөсүӉ деп айтты. 3. Муса попросил Бога также датӊ какое-нибутӊ задание тоже, Бог согласился. 4. Кудай Мусага Фараонго каршы 9 жышаан болоорун алдын ала айтып койду.

БИБЛИЯДА: 1. Муса бадалдагы отту көргөндө ал кой кайтарып жүргөн, жана ал жалгыз болчу. 2. Муса Кудайдын тоосу Хорепте болгон. 3. Муса Кудайдан башка адамды пайгамбар кылып тандап алуусун суранды, бирок Кудай ага жардамчы катары анын бир тууганы Арунду берди. 4. Кудай Мисир элин 10 жышаан-жаза менен жазалады.

119


КУРАН “МУСА ЖАНА ФАРАОН” СҮРӨ 7 А’РАФ 103. Кийин Биз алардын артынан Мусаны моожизаларыбыз менен Фираунга жана анын элине жибердик. Бирок, алар моожизаларга зулум кылышты. Эми, бузукулардын акыбети кандай болоорун көрүп кой: 104. Муса айтты: О, Фираун! Мен ааламдын Раббиси тарабынан жиберилген Пайгамбармын. 105. мага Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөшм ылайык болот. Мен силерге РаббиӉерден далил баян алып келдим. Эми, Исрайил урпактарын мага кошуп жибергин! 106. Фираун айтты: Эгер сен чынчыл адамдардан болсоӊ моожиза-далил алып келсеӊ, кана көргөзчү аныӊды? 107. Анан аса-таягын таштады эле.. ошол замат жыланга айланып калды! 108. Жана колун чыгарды эле... ошол замат көрүүчүлөргө аппак болуп калды! 109. Фираун коомунун адамдары: Бул - илимдүү сыйкырчыдан башка эмес дешти. 110. Ал силерди жериӉерден чыгарууну каалап жатат. Эми, кандай чечимге келесиӊер? - деди Фираун. 111. Адамдар айтышты: Аны менен бир тууганы Хаарунду койо тур дагы, бардык шаарларга чогултуучуларды жибер. 112. Алар сага бардык илимдүү сыйкырчыларды таап келишсин. 113. Фираундун сыйкырчылары жетип келишип: Эгер биз жеӊип чыксак сыйлык барбы? - дешти. 114. Ооба - деди Фираун - силер менин жакындарыман болуп каласыӊар. 115. Айтышты: О, Муса, же сен ташта, же биз таштайлы? 116. Муса айтты: Таштагыла. Сыйкырчылар таштаганда, адамдардын көздөрүн сыйкырлап, үрөйлөрүн учуруп, чоӊ сыйкыр көргөзүштү. 120


117. Анан, Биз Мусага: Аса-таягыӊды жерге ташта - деп вахий кылдык. Капыстан ал сыйкырчылардын жалгандарын жутуп жиберди. 118. Натыйжада акыйкат анык болуп, жасаган иштери жалганга чыкты. 119. Ушул жерде жеӊилип, шерменде болуп кайтышты. 120. сыйкырчылар сажда кылган абалда, өздөрүн жерге таштап 121. дешти: Биз ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик. 122. Муса жана Харундун Раббисине. 123. Фираун айтты: Мен силерге уруксат бербей туруп, ага ыйман келтирдиӉерби? Чынында бул силердин шаар элин чыгарып кетүүӉөр үчүн шаарда эле ойлоп тапкан айлакерлигиӉер! Жакында билип аласыӊар! 124. Мен силердин колу-бутуӊарды каршы терши жагынан кыркып, анан кийин бардыгыӊды асып өлтүрөмүн! 125. Сыйкырчылар айтышты: Биз Раббибизге кайтуучу болдук! 126. Сен бизден Раббибиздин далил-моожизалары келген учурда ыйман келтиргенибиз үчүн гана өч алып жатасыӊ! О, Раббибиз! Бизге сабыр жаадыргын! Жана биздин жаныбызды мусулман абалда алгын!

СҮРӨ 10 ЮНУС 84. Муса айтты: О, коомум! Эгер Аллахка ыйман келтирген жана мусулман болсоӊор, Аллахка тобокел кылгыла! 85. Алар айтты: Аллахка тобокел! О, Рабби! Бизди заалым адамдарга кор кылып койбо! 86. Жана Өз ырайымыӊ менен бизди каапыр коомдон куткар! 87. Биз Муса менен агасына: ЭкөөӉ коомуӉар үчүн Мисирде үйлөрдү кургула жана өз үйүӉөрдү ибадаткана кылып, намаз окугула. Жана адамдарга сүйүнүчтүү кабар айткыла! - деп вахий кылдык. 88. Муса айтты: О, Раббим! Сен Фираун менен адамдарына дүйнө жашоосунда зыйнаттарды жана мал-мүлк бердиӊ! О, Раббим! Өзүӊдүн жолуӊдан адашып кетүүсү үчүн гана бергенсиӊ. О, Раббим! Алардын малмүлкүнө апаат берип, жүрөктөрүн катырып сал! Качан гана жак чыдагыс азапты көрмөйүнчө ыйман келтире албай калышсын! 121


89. Аллах: Экөөӊөрдүн дубаӊар кабыл болду. Эми, түз болуп, илимсиз адамдардын жолуна ээрчибегиле! - деди. 90. Биз Исрайил урпактарын деӊизден өткөрдүк. Фираун менен анын аскерлери зулумдук жана душмандык кылуу үчүн аларды кууп келди. Качан гана Фираун чөгө баштаганда: Ыйман келтирдим! Чын эле, Исрайил урпактары ишенген Аллахтан башка кудай жок! Мен да мусулмандардын биримин! - деди. 91. Эмиби?! Кечээ эле күнөөкөр болуп, бузукулардан болуп жүрдүӊ эле! 92. Бүгүн денеӊди куткарабыз, сенден кийинкилерге сабак болушу үчүн. Чынында, көпчүлүк адамдар биздин аяттарыбыздан кабарсыз калышкан. СҮРӨ 11 ХУД 96. Биз Мусаны Өз моожизаларыбыз жана айкын далил менен жибердик, 97. Фираун жана анын адамдарына. Алар Фираундун амирине моюн сунушту. А, Фираундун иши туура эмес болчу. 98. Ал Кыяматта өз коомун жетелеп, Тозокко алып келет. Бул келүү кандай жаман! 99. Аларды ушул дүйнөдө да, Кыяматта да наалат коштоп жүрөт. Кандай гана жаман кошулуу! СҮРӨ 17 ИСРАА 101. Биз Мусага тогуз моожиза бергенбиз. Исрайил урпактарынан сура. Аларга барганда, Фираун ага: О, Муса, мен сени сыйкырланып калсаӊ керек деп ойлоймун - деди. СҮРӨ 20 TAАХA 65. О, Муса же сен ташта же болбосо, биз биринчи таштайлы 66. айтты: Жок, силер таштагыла! Капыстан жиптери жана таяктары, алардын сыйкырынан улам ага аракеттенгендей көрүндү! 67. Муса ичинен бир сестенип алды. 68. Биз: Коркпогун сен жогорусуӊ. 69. Колуӊдагы нерсени ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт - дедик. 122


70. Анан сыйкырчылар сажда кылган абалды жерге бой таштап: Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик! - дешти. 71. Эмне силер мен уруксат бербей туруп эле, ага ыйман келтире бересиӊерби? Демек, ал (Муса) силерге сыйкырды үйрөткөн чоӊуӊар экен. Эми мен силердин колбутуӊарды каршы-тершисинен кесип саламын жана өзүӊөрдү курма дарагына асып койомун. Анан кимибиздин азабыбыз катуураак жана узунураак экенин билип аласыӊар! 72. Сыйкырчылар айтышты: Биз эч качан өзүбүзгө келген аятмоожизалардан жана бизди жараткан Аллахтан сени жогору койо албайбыз. Эмне өкүм кылсаӊ кыла бер! Сен ушул дүйнөдө гана өкүм кыла аласыӊ! СҮРӨ 26 ШУАРА 38. Белгиленген күндө убадалашкан жерге 40. Эгер сыйкырчылар жеӊип чыкса, ошолорду ээрчисек ажеп эмес! 41. Сыйкырчылар келип бүткөндө Фираунга: Эгер жеӊип чыксак, бизге сыйлык болобу? - дешти. 42. Ооба - деди - анда менин эӊ жакын адамдарыман болосуӊар. 43. Муса аларга айтты: Таштай турган нерсеӊерди таштагыла. 44. Алар жиптерин аса-таяктарын таштап: Фираундун кудурети менен биз жеӊип чыгабыз! - дешти. 45. Анан Муса дагы аса-таягын таштады эле... капыстан сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады! 46. сыйкырчылар сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап 47. дешти: Ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик! 48. Муса менен Харундун Раббисине. 49. Фираун деди: Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиӊерби? Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоӊуӊар турбайбы! Азыр билип аласыӊар. Колу-бутуӊарды каршы-терши чаап, баардыгыӊды асып саламын! 50. зыяны жок - дешти сыйкырчылар - биз Раббибизге кайтып барабыз. 51. Биз эӊ абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз. СҮРӨ 28 КАСАС 123


38. Фираун айтты: О, адамдар! Мен силер үчүн Өзүмдөн башка кудай бар экенин билбейм. Эй, Хааман! Ылайга оттон жагып мага мунара куруп бергин. Ошого чыгып Мусанын Кудайын көрсөм ажеп эмес! Мен Мусаны жалганчылардан деп эсептейм. 39. Фираун менен анын желдеттери жер бетинде акыйкатсыздык менен аша чаап текеберленишти. Жана өздөрүн Бизге кайтып келбейт деп ойлошту. СҮРӨ 40 ВЕРУЮЩИЙ 36. Анда Фираун айтты: О, Хааман! Мага мунара кургун! Ажеп эмес мен жолдорго жетип барсам! 37. Асмандардын жолдоруна! Анан Мусанын кудайын көрөйүн. Мен ойлойм, ал жалганчы болуш керек. Ошентип Фираунга өз ишинин жамандыгы кооз көргөзүлдү жана Жолдон тосуп коюлду. Фираундун амалкөйлүгү чынында пайда бербеди.

БИБЛИЯ “МУСА ЖАНА ФАРАОН” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 5 1 Ошондон кийин Муса менен Арун фараонго келип, мындай дешти: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Менин элимди коө бер, алар чөлдө Мага арнап майрам өткөрүшсүн”». 2 Бирок фараон: «Мен Аны угуп, Ысрайылды коө бергидей, Теңир ким экен? Мен Теңирди билбейм, Ысрайылды да коө бербейм», – деди. 3 Алар ага: «Эврейлердин Кудайы бизди чакырып жатат. Бизди чөлгө, үч күндүк жолго коө бер, Кудай-Теңирибизге курмандык чалалы, болбосо Ал бизге жугуштуу оору жиберет же кылыч менен жок кылат», – дешти. МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 7 124


10 Муса менен Арун фараонго келип, Теңир буйругандай кылышты. Арун таягын фараондун жана анын кулдарынын алдына таштаганда, ал жыланга айланды. 11 Ошондо фараон даанышмандар менен сыйкырчыларды чакырды. Мисирдин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой кылышты. 12 Ар бири өз таягын таштаганда, алар да жыланга айланды, бирок Арундун таягы алардын таяктарын жутуп алды. 13 Теңир айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, аларды укпай койду. БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 11 1 Жер жүзүндө бир эле тил болгон, адамдар бир эле тилде сүйлөшкөн. 2 Алар чыгыштан көчүп чыгып, Шинар жеринен түздүк таап, ошол жерге отурукташышты. 3 Анан алар бири-бирине: «Келгиле, кыш куюп, отко бышыралы», – дешти. Алар таш ордуна кыш, акиташ ордуна жер чайырын колдонушту. 4 Алар дагы: «Бүт жер жүзүнө тарап кетпешибиз үчүн, өзүбүзгө шаар жана асман тиреген мунара куралы, атыбызды чыгаралы», – дешти. 5 Ошондо Теңир адам уулдары куруп жаткан шаар менен мунараны көргөнү төмөн түштү. 6 Теңир мындай деди: «Мына, бир эл, бардыгынын тили бир. Булардын баштаган иши ушул. Булар кылам дегенинен кайтышпайт. 7 Төмөн түшүп баралы да, бири-биринин тилин түшүнбөгүдөй кылып, ошол жерде булардын тилдерин аралаштырып салалы». 8 Ошентип, Теңир аларды ал жерден бүт жер жүзүнө таратып жиберди. Ошондо алар шаар курууну токтотушту. 9 Ошондон улам ага Бабыл деген ат берилди, анткени Теңир жер жүзүндөгү бардык тилдерди ошол жерде аралаштырды, Теңир аларды бүт жер бетине ошол жерден таратып жиберди.

КОММЕНТАРИЙ 125


КУРАНДА: 1. Муса Фараонго мындай деди: «...Мен силерге Раббиӊерден далил баян алып келдим...», ушуну менен Аллах - Фараондун кудайы дегенди айтып жатат. 2. Муса аса-таягын өзү жерге таштады. 3. Айрым сыйкырчылар Кудайга ишенип калышты. 4. Кудай Мусага мындай деди: «Экөөӊ коомуӊар үчүн Мисирде үйлөрдү кургула жана өз үйүӊөрдү ибадаткана кылып, намаз окугула. Жана адамдарга сүйүнүчтүү кабар айткыла!» 5. Муса 9 жышаан көргөздү. 6. Фараон «Мага мунара кургун! Ажеп эмес мен жолдорго жетип барсам! ...Асмандардын жолдоруна! Анан Мусанын кудайын көрөйүн...» деди.

БИБЛИЯДА: 1. Муса эч качан фараонго эврейлер менен мисирликтердин Кудайы бир деп ишендиргиси келген эмес. 2. Муса эмес, Арун аса-таякты жерге ыргыткан. 3. Сыйкырчылардын Кудайга ишенип калганы тууралуу маалымат жок. 4. Кудай Ысрайылдыктарга эшиктеринин кашегин козунун каны менен белгилеп-боеп коюуну буюрган, анткени тун-балдарын ошентип гана өлүмдөн куткарып кала алышкан, ошодой эле бул кулчулуктан бошонуунун белгиси эле - кийин бул Пасах майрамы болуп калды. 5. Кудай Мисирди жана фараонду жазалоо үчүн 10 жышаан-жазаны жиберген.

126


6. Фараон эмес, ага чейин илгери эле жашап өткөн адамдар «...өзүбүзгө шаар жана асман тиреген мунара куралы...» деп чечишкен. Бул окуя Бабыл шаарында болгон: «...Ошондон улам ага Бабыл деген ат берилди, анткени Теңир жер жүзүндөгү бардык тилдерди ошол жерде аралаштырды...»

КУРАН “ФАРАОН МУСАНЫ ӨЛТҮРӨМ ДЕП КОРКУТАТ” СҮРӨ 40 ГААФЫР 23. Биз Мусаны Өз аяттарыбыз жана анык далил менен жибердик 24. Фираунга, Хааманга, Каарунга. Алар болсо сыйкырчы, жалганчы дешти. 25. Муса аларга Биздин алдыбыздан Акыйыкатты алып келгенде алар: Муса менен бирге ыйман келтирген Исраил урпактарынын уул перзенттерин өлтүрүп, кыз перзенттерине жашоо бергиле! - дешкен. Каапырлардын айлакерлиги анык адашуучулкта. 26. Фираун айтты: Мага койгула, Мусаны өлтүрөйүн. Жана ал Раббисине жалбара берсин. Мен силердин диниӊерди өзгөртүп же болбосо жер бетинде бузукулук чыгарып жиберишинен коркуп жатамын. 27. Муса айтты: Мен Өзүмдүн жана силердин Раббиӊер Аллахка жалбарып, эсеп күнүнө ишенбеген ар бир текебер заалымдан коргоосун суранамын. 28. Фираундун туугандарынан болгон ыйманын жашырып жүргөн бир момун киши айтты: Раббим-Аллах дегени үчүн эле, бир адамды өлтүрүп саласыӉарбы? Ал силерге РаббиӉерден далил баяндар алып келди го. 127


Эгер ал жалганчы болсо, жалганы өз мойнуна. Эгер сөзү чын болуп калса, ал силерге убада кылган кээ бир азаптар башыӉарга түшүп жүрбөсүн! Чынында, Аллах чектен чыккандарды, жалганчыларды Туура Жолго баштабайт. 29. О, коомум! Бүгүн бийлик силердин колуӊарда. Жер бетинде жеӊүүчү болуп турасыӊар. Эгер Аллахтын азабы келип калчу болсо, андан бизди ким куткара алат? Фираун айтты: Мен силерге өзүмдүн пикиримден башка пикирди сунуш кылбаймын. Мен силерди Туура Жолго гана баштаймын.

БИБЛИЯ “ФАРАОН МУСАНЫ ӨЛТҮРӨМ ДЕП КОРКУТАТ” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 1 1 Жакып менен бирге өз-өз үй-бүлөсү менен Мисирге келген Ысрайыл уулдары булар: 2 Рубейин, Шымон, Леби, Жүйүт, 3 Исахар, Забулун, Бенжемин, 4 Дан, Напталы, Гат жана Ашыр. 5 Жакыптын тукуму жетимиш адам эле, Жусуп Мисирде болчу. 6 Кийин Жусуп да, анын бир туугандары да, ошол муундун адамдары да көз жумушту. 7 Бирок Ысрайыл уулдары укумдап-тукумдап көбөйүп, күч алып, Мисир жерине толушту. 8 Мисирде Жусупту билбеген жаңы падыша такка отурду. 9 Ал өз элине мындай деди: «Ысрайыл эли бизден алда канча көп жана күчтүү болуп кетти. 10 Көбөйүп кетпеши үчүн, аларды алдайлы, антпесек согуш болсо, алар душмандарыбызга кошулуп, бизге каршы чыгып, жерибизден чыгып кетишет». 128


11 Ошентип, фараон оор жумушка салып эзиш үчүн, алардын үстүнөн башчыларды койду. Азык-түлүк сактоо үчүн, алар фараонго Питом жана Раамсес деген шаарларды курушту. 12 Аларды канчалык эзген сайын, алар ошончолук көбөйүштү. Алар канчалык көбөйгөн сайын, мисирликтер алардан ошончолук кооптоно башташты. 13 Ошондуктан мисирликтер Ысрайыл уулдарын ырайымсыздык менен зордоп жумушка салышты. 14 Аларды ылай менен кышка салып, ар кандай талаа жумуштарына ырайымсыздык менен зордоп иштетип, алардын жашоосун азаптуу кылып жиберишти. 15 Мисир падышасы Шипра жана Пуя деген аначы эврей кемпирлерге мындай деп буйрук кылды: 16 «Силер эврей аялдарды төрөтүп жатканда, карагыла. Эгерде эркек төрөлсө, аны өлтүрүп салгыла. Эгерде кыз төрөлсө, жашай берсин». 17 Бирок аначы кемпирлер Кудайдан коркушчу. Ошондуктан Мисир падышасынын айтканын кылбай, балдарды тирүү калтырып жатышты. 18 Мисир падышасы аначы кемпирлерди чакырып алып: «Эмне үчүн мындай кылып жатасыңар, эмнеге балдарды тирүү калтырып жатасыңар?» – деп сурады. 19 Аначы кемпирлер фараонго: «Эврей аялдар мисирлик аялдардай эмес экен. Алардын ден соолугу чың экен, ошондуктан алар аначы кемпирлер келгиче эле төрөп коюп жатышат», – деп жооп беришти. 20 Бул үчүн Кудай аначы кемпирлерге жакшылык кылды. Эл болсо көбөйгөндөн көбөйүп, абдан күч алды. 21 Аначы кемпирлер Кудайдан корккондуктан, Кудай алардын үй-бүлөсүнө батасын берди. 22 Ошондо фараон өз элине мындай деп буйрук берди: «Эврейлердин жаңы төрөлгөн эркек балдарын дарыяга ыргыткыла. Ал эми кыздарын тирүү калтыргыла». МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 2 1 Леби уруусунан бир адам ошол эле уруудан аял алды. 2 Аялынын боюна бүтүп, эркек бала төрөдү. Баласынын абдан жакшынакай экенин көрүп, ал аны үч ай жашырып жүрдү. 129


3 Бирок ал андан ары жашыра албай калгандыктан, камыштан жасалган кол себет алып, аны илээшме ылай жана чайыр менен каптады да, баланы себетке салып, дарыянын жээгиндеги камыштын арасына коюп койду.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Ысрайылдыктарды Мисирден бошотпоонун амалын ойлоп, Фараон мындай деп чечти: «Муса менен бирге ыйман келтирген Исраил урпактарынын уул перзенттерин өлтүрүп, кыз перзенттерине жашоо бергиле!» 2. Фараондун кээ бир жакын адамдары Мусанын Кудайына ишенип калышып, аны өлтүрүүгө макул болушкан жок.

БИБЛИЯДА: 1. Бул окуя Ысрайыл эли Мисирде бир улутка айланып абдан көбөйүп бара жаткан кезге тиешелүү. Алардын саны абдан көбөйүп бара жаткандыктан Фараон тынчсыздана баштаган. Ошон үчүн ал ысрайылдыктардын жумушун абдан оорлоткон, андан соӊ төрөтүүчү аялдарга эгер төрөлгөнү эркек болсо өлтүрүп туруусун буюрган. Бул ишке ашпай калганда ал: «Эврейлердин жаңы төрөлгөн эркек балдарын дарыяга ыргыткыла. Ал эми кыздарын тирүү калтыргыла» деп буйрук кылды. Ошол себептен Мусанын апасы аны куткарып калуу үчүн себетке салып дарыяга агызып жиберген.

130


2. Муса Фараонг келип: «...менин элимди кое бер...» дегенде, Фараондун жакын адамдарынын бири дагы Мусанын Кудайына ишенип калганы тууралуу, алардын Мусаны өлтүрүүгө каршы чыкканы да жазылган эмес.

КОРУТУНДУ Куранда бул эки башка окуя бири бири менен аралашып калган, бири биринен 80 жыл айырмасы болсо да аралашып калган.

КУРАН “МУСА ДЕӉИЗДИ ЭКИГЕ БӨЛӨТ” СҮРӨ 26 ШУАРА 61. Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери -Биз колго түштүк! -дешти. 62. Жок! - деди Муса, - албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт! 63. Анан Биз Мусага: Аса-таягыӉ менен деӉизди чап! - деп вахий кылдык. Деӊиз жарылды жана ар бир бөлүгү чоӊ тоо сыяктуу болуп калды.

БИБЛИЯ “МУСА ДЕӉИЗДИ ЭКИГЕ БӨЛӨТ” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 14 131


10 Фараон жакындап калганда, Ысрайыл уулдары артын карашса, мисирликтер кууп келе жатышыптыр. Ошондо алар аябай коркуп кетип, Теңирге боздоп кайрылышты. 11 Анан Мусага: «Сен бизди чөлдө өлтүргөнү алып келдиң беле? Мисирде бизге көрүстөн жокпу? Бизди Мисирден алып чыгып, кыларың ушул беле? 12 Биз сага Мисирде жүргөндө эле: “Бизди жайыбызга кой, мисирликтерге иштей берели”, – деп айткан жок белек? Чөлдө өлгөнчө, мисирликтерге кул болгонубуз жакшы эмес беле?» – дешти. 13 Ошондо Муса элге кайрылып: «Коркпогула, чыдап турсаңар, Теңир бүгүн силерди кандай куткарып аларын өз көзүңөр менен көрөсүңөр. Бүгүн силер көрүп турган мисирликтерди мындан кийин түбөлүккө көрбөйсүңөр. 14 Силер үчүн Теңир күрөшөт, силер болсо тынчсызданбагыла», – деди. 15 Теңир Мусага: «Эмне үчүн Мага боздоп жатасың? Ысрайыл уулдарына айт, жолун уланта беришсин. 16 Сен болсо таягыңды көтөрүп, колуңду деңизге сунуп, деңизди экиге бөл. Ошондо Ысрайыл уулдары деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүшөт.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Кудай Мусага деди: «...Аса-таягыӊ менен деӊизди чап!»

БИБЛИЯДА: 1. Кудай Мусага деди: «...таягыңды көтөрүп, колуңду деңизге сунуп...»

132


КУРАН “МУСАНЫН АСКАНЫ ЧАПКАНЫ” СҮРӨ 2 БАКАРА 60. Бир кезде, Муса коому үчүн суу сурап дуба кылды эле, Биз ага -аса таягыӉ менен ташты ур- дедик. Кийин андан он эки булак атырылып чыкты. Бардык адамдар өз булактарын билишти. Аллах берген ырыскылардан жеп ичкиле жана жер бетинде бузукулук менен ойронгерчилик кылбагыла. СҮРӨ 7 А’РАФ 160. Биз аларды уруу-уруу кылып он эки элге бөлүп жибердик. Бир кезде коому Мусадан суу сураганда, Биз Мусага : аса таягыӊды ташка ургун - деп вахий кылдык. Кийин ал таштан он эки булак атырылды. Бардык адамдар өз ичер сууларын таанышты. Кийин Биз алардын үстүнө булутту көлөкө кылып койдук. Анан дагы аларга асмандан халваларды, бышырылган куш эттерин жаадырып: Биз ырыскы кылып берген пакиза тамактардан жегиле - дедик. Алар Бизге зулум кылышпады, өздөрүнө гана зулум кылышты.

133


БИБЛИЯ “МУСАНЫН АСКАНЫ ЧАПКАНЫ” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 15 1 Ошондо Муса менен Ысрайыл уулдары Теңирди мактап, мына бул ырды ырдашты: «Теңирге ырдаймын, анткени Ал даңазаланды, атчан аскерди аты менен кошо деңизге чөктүрдү. 27 Анан Ысрайыл уулдары Эйлим деген жерге келишти. Ал жерде он эки булак, жетимиш курма дарагы бар эле. Алар суулардын боюна станы менен жайланышты. МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 17 1 Ошентип, Теңирдин буйругу боюнча Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Син чөлүнөн чыгып, Репидимге келип, станы менен жайланышты. Ал жерде ичерге суу жок эле. 2 Ошондо эл Мусаны: «Бизге ичкенге суу бергиле», – деп жемеледи. Муса аларга: «Силер эмне мени жемелеп жатасыңар? Эмнеге Теңирди сынап жатасыңар?» – деди. 3 Ошол жерде эл сууга зар болуп, Мусага мындай деп наалыды: «Сен бизди Мисирден эмнеге алып чыктың? Бизди балдарыбыз, малыбыз менен кошо сууга чаңкатып өлтүрөйүн дедиңби?» 4 Ошондо Муса Теңирге мындай деп боздоп жиберди: «Бул элди мен эмне кылам? Алар мени таш бараңга алып өлтүрүүгө даяр». 5 Теңир Мусага мындай деди: «Элдин алдына өтүп, Ысрайыл аксакалдарынын бир нечесин жана сууну чапкан таягыңды алып, жөнө. 6 Мен сенин алдыңда, Хорептеги асканын үстүндө турам. Сен асканы чапканда, андан суу чыгып, эл суу ичет». Муса Ысрайыл аксакалдарынын көз алдында ошондой кылды. 7 Ысрайыл уулдарынын жемелегенине байланыштуу ал жерге Маса жана Мериба деген ат койду, анткени алар Теңирди: «Биздин арабызда Теңир барбы же жокпу?» – деп сынашты. 134


САНДАР БӨЛҮМ 20 1 Ысрайыл уулдары, бүт жамаат, биринчи айда Син чөлүнө келип, Кадешке токтоду. Ошол жерде Мириям каза болуп, ошол жерге коюлду. 2 Жамааттын ичер суусу жок болгондуктан, алар Муса менен Арунга каршы чогулушту. 3 Эл Мусага мындай деп наалыды: «О, биз ошондо эле, Теңирдин алдында бир туугандарыбыз өлгөндө эле өлүп калсак эмне? 4 Эмне үчүн силер Теңирдин элин бул чөлгө алып келдиңер? Бул жерде бизди малыбыз менен кошо кырылып калсын дедиңерби? 5 Эмне үчүн силер бизди Мисирден эгин эккенге болбогон, анжыр, жүзүм, анар өспөгөн, атүгүл, иче турган суусу жок бул жаман жерге алып келдиңер?» 6 Муса менен Арун элден бөлүнүп, жыйын чатырына келип, жүзтөмөндөп жыгылышты, ошондо аларга Кудайдын даңкы келди. 7 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: 8 «Таякты колуңа алып, бүт жамаатты чогултуп, бир тууганың Арун менен алардын көз алдында аскага айт, ошондо ал өзүнөн суу чыгарып берет. Ошентип, сен аскадан суу чыгарып, жамаатка да, анын малдарына да суу ичиресиң». 9 Муса Теңирдин буйругу боюнча Теңирдин алдындагы таягын алды. 10 Анан Муса менен Арун элди асканын жанына чогултушту. Ошондо Муса аларга мындай деди: «Кулак салгыла, баш ийбес эл, ушул аскадан силерге суу чыгарып берелиби?» 11 Анан Муса колун көтөрүп, таягы менен асканы эки чапты эле, шаркырап суу агып чыкты. Ошондо жамаат да, алардын малы да суу ичти. 12 Ошондо Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Мага ишенбей, Ысрайыл уулдарынын көз алдында Менин ыйыктыгымды көрсөтпөгөндүгүңөр үчүн, Мен берип жаткан жерге бул элди силер алып кирбейсиңер». 13 Бул – Мериба суусу. Бул суунун жанында Ысрайыл уулдары Теңир менен араздашып кеткен. Ошондо Теңир аларга Өзүнүн ыйыктыгын көрсөткөн.

135


КОММЕНТАРИЙ

КУРАНДА: 1. Бул жерде бир окуя тууралуу айтылып жатат, Муса таягы менен асканы урганда 12 булак суу чыкты (Здесӊ говорится об одном событии, когда Муса ударом в скалу открыл 12 потоков воды).

БИБЛИЯДА: 1. Бул жерде үч ар башка окуя баяндалат.12 булакты Ысрайыл уулдары Эйлим деген жерден табышты. Муса аскадан эки жолу суу чыгарып берген, бирок бирден гана булак агып чыккан - экинчи жолкусунда Муса аскага Теӊир айтканы боюнча сүйлөбөй (айтпай) аны эки жолу таягы менен чапкан. Бул күнөөсү үчүн Муса жана Арун убада кылынган жерге кирбей калышты: «Ошондо Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Мага ишенбей, Ысрайыл уулдарынын көз алдында Менин ыйыктыгымды көрсөтпөгөндүгүңөр үчүн, Мен берип жаткан жерге бул элди силер алып кирбейсиңер».

136


КУРАН “ЫСРАЙЫЛ ЭЛИ КУДАЙДЫ КӨРГҮСҮ КЕЛЕТ” СҮРӨ 2 БАКАРА 55. Бир кезде силер айттыӊар: О, Муса, биз Аллахты айкын көрмөйүнчө, сага ыйман келтирбейбиз. Андан кийин силерди карап турган абалда өлүм кармады. 56. Кийин Биз силерди, эми шүгүр кылаарсыӉар деп, өлгөнүӉөрдөн соӉ кайра тирилттик. СҮРӨ 4 НИСА 153. Китеп ээлери сенден аларга Китепти асмандан түшүрүп беришиӊди сурашат. Алар Мусадан мындан да чоӊураак нерсени сурап: Бизге Аллахты анык көргөзөсүӉ - дешкен. Кийин ушул зулумдуктары себептүү аларды чагылган урган. Андан соӊ алар, өздөрүнө анык далилдер келсе да, музоону кудай кылып алышты. Биз муну кечирдик. Жана Мусага анык далилдерди бердик. 137


БИБЛИЯ “ЫСРАЙЫЛ ЭЛИ КУДАЙДЫ КӨРГҮСҮ КЕЛЕТ” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 20 18 Бүт эл күндүн күркүрөгөнүн, сурнай үнүн угуп, жалынды, түтөгөн тоону көрүп турду. Муну көргөн эл артка кетенчиктеп, алыс барып турду. 19 Анан алар Мусага: «Биз менен сен сүйлөш, сени угалы, биз менен Кудай сүйлөшпөсүн, болбосо өлүп калабыз», – дешти. 20 Муса элге кайрылып: «Коркпогула, Кудай силерди сыноо үчүн, Андан коркушуңар үчүн, күнөөгө батпашыңар үчүн келди», – деди.

КОММЕНТАРИЙ

КУРАНДА: 1. Бул эл Мусага ишене элек кезде Кудайды көргүлөрү келишкен (Люди хотели увидетӊ Кудайа до того как они поверят Моисею).

БИБЛИЯДА: 1. Ысрайылдыктар «...эл артка кетенчиктеп, алыс барып турду...» жана эл Кудай менен сүйлөшүүдөн качышты. Бул жерде Кудайга ишенбегендердин өлүп кайра Кудайдын аларды тирилткени тууралуу эч нерсе жок.

138


КУРАН “МУСА ЖАНА АЛТЫН МУЗОО” СҮРӨ 20 ТААХА 83. О, Муса, сен коомуӊдан эмнеге мынча шашылып озуп кеттиӊ? 84. Айтты: Алар мына, артымда келе жатышат. О, Раббим, мен Сага шашып баратамын! Ыраазы болушуӊ үчүн. 85. Аллах айтты: Сен чыккандан кийин Биз коомуӊа сыноо түшүрдүк. Жана аларды Саамирий адаштырды. 86. Анан Муса коомуна ачууланып, бушайман болуп кайтып барды жана: О, коомум! Раббиӊер силерге жакшынакай убада бербеди беле? Эмне, силерге убакыт узун болуп кеттиби? Же болбосо, үстүӊөргө Раббиӊердин каары түшүшүн кааладыӊарбы? Силер Мага берген убадаӊарды буздуӊар! 87. Алар айтышты: Биз сага берген убаданы өз эркибиз менен бузбадык. Бирок биз коомдун зыйнаттарынан турган күнөөнүн астында калганбыз. Биз аны таштадык. Саамирий дагы таштады. 139


88. аларга мөөрөп добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн жасап берди. Айтышты: Ушул - силердин жана Мусанын кудайыӊар. Унутуп койду. 89. Алар көрбөй жатышабы сөзүнө жооп кайтарбаганын жана аларга не пайда, не зыян жеткире албаганын? 90. Ошого чейин аларга Харун: О, коомум! Силер бул менен сыналдыӊар силердин Раббиӊер - Рахман! Мени ээрчигиле жана буйругума моюн сунгула! Дегенде... 91. Алар айтышты: Бизге Муса кайтып келмейинче буга табынууну токтотпойбуз. 92. Айтты: О, Харун, алардын адашканын көргөнүӊдө сени эмне токтотту, 93. мага ээрчип баруудан? Менин буйругума каршы чыктыӊбы? 94. Айтты: О, апамдын баласы, сакалымдан, чачымдан тартпачы. Мен: Менин сөзүмдү күтпөй, Исрайил уруусун бөлүп жибериптирсиӊ! дешиӊден корктум. 95. Эй, Саамирий, бул эмне кылганыӉ? - деди. 96. Мен алар көрбөгөн нерсени көрүп калгам. Анан элчинин изинен бир чеӉгел алып, музоого сээп жибердим эле. Нафсим мени ушуга жетелеген - деди. 97. Айтты: Эми жогол! Сага эми жашоодо - мага тийбегилечи - деп айтышыӊ гана бар. Жана сага кутулгус убада даяр! ӨзүӉ азырга чейин табынып жаткан кудайыӉа карачы? Биз аны күйгүзүп деӉизге сапырып жиберебиз!

БИБЛИЯ “МУСА ЖАНА АЛТЫН МУЗОО” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 32 1 Ысрайыл эли Мусанын көптөн бери тоодон түшпөй жатканын көрүп, чогулуп келип, Арунга мындай деди: «Бизди Мисир жеринен алып чыккан 140


Мусага эмне болгонун билбейбиз, ошондуктан сен бизге бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер». 2 Ошондо Арун аларга: «Аялыңардын, уул-кыздарыңардын кулактарындагы алтын сыргаларды чыгарып, мага алып келгиле», – деди. 3 Бүт эл кулактарынан алтын сыргаларын чыгарып, Арунга алып келди. 4 Арун алардын колунан сыргаларды алып, алтындан музоо куюп, аны кескич менен иштеп чыкты. Ошондо алар: «Мына сенин кудайың, Ысрайыл! Сени Мисир жеринен алып чыккан кудайың ушул!» – дешти. 5 Арун муну көрүп, алтындан куюлган музоонун алдына курмандык чалынуучу жай жасап: «Эртең теңирге арналган майрам болот», – деп жарыялады. 6 Алар эртеси эртең менен эрте туруп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыгын чалышты. Анан эл ичип-жегени отурду, көңүл ачканы турду. 7 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Тезирээк тоодон түш, анткени Мисир жеринен алып чыккан элиң бузулду. 8 Алар тез эле Мен осуят кылган жолдон чыгып кетишти. Өздөрүнө алтындан музоо куюп алып, ага сыйынып, курмандык чалып: “Ысрайыл эли, сени Мисир жеринен алып чыккан кудайың мына ушул!” – деп жатат». 9 Анан Теңир Мусага: «Мен бул элди көрүп турам, бул эл – тоң моюн эл. 10 Ошондуктан Мени Өз жайыма кой, алар Менин каарыма калышсын. Аларды жок кылып, сенден көп сандаган эл чыгарам», – деди. 11 Бирок Муса өз Кудай-Теңирине мындай деп жалына баштады: «О Теңирим, Мисир жеринен кудуреттүү күчүң, кубаттуу колуң менен Өзүң алып чыккан Өз элиңдин үстүнө каарың от болуп жаабаса экен. 12 Мисирликтер: “Кудай аларды өлтүрүү үчүн тоого алып кеткен тура, аларды жер үстүнөн жок кылгысы келген тура”, – деп айтышпасын. Теңир, жалындаган каарыңды баса көр! Чечимиңди өзгөрт, Өз элиңди өлтүрө көрбө! 13 Өз кулдарың Ыбрайымга, Ыскакка жана Ысрайылга Өз ысымың менен берген антыңды эстей көр. Сен аларга: “Силердин тукумуңарды көктөгү жылдыздардай көбөйтөм, Өзүм убада кылган жерди силердин укумтукумуңарга берем, алар аны түбөлүккө ээлешет”, – деп айтпадың беле». 14 Ошондо Теңир Өз элине төгө турган каарын кайт кылды. 15 Муса артка кайрылып, тоодон түшүп келди. Анын колунда эки бетинде тең мыйзам жазылган эки таш лоок бар эле.

141


16 Ал таш лоокторду Кудай Өзү жасаган эле, таш лоокторго жазылган жазууларды Кудай Өзү жазган эле. 19 Муса станга жакындаганда, музоону жана бийлеп жаткандарды көрүп, каары кайнап, колундагы таш лоокторду ыргытып жиберди. Таш лоокторду ал тоонун этегинде талкалады. 20 Анан Муса алар жасаган музоону алып, отко өрттөп, күлдөй кылып майдалап, сууга чачып жиберди да, ал суудан Ысрайыл уулдарына ичирди. 21 Муса Арунга: «Бул элди ушундай чоң күнөөгө батыргыдай, бул эл сага эмне кылды?» – деди. 22 Арун мындай деп жооп берди: «Мырзамдын ачуусу келбесе экен, бул элдин моюн сунбас эл экенин өзүң билесиң. 23 Булар мага: “Бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусага эмне болгонун билбейбиз, ошондуктан сен бизге бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер”, – дешти. 24 Ошондо мен аларга: “Кимдин алтыны бар болсо, чыгарып бергиле”, – дедим. Алар чыгарып беришти. Мен аны отко салсам, ушул алтын музоо чыкты». 25 Муса бул элдин баш бербес эл экенин, Арундун алардын бузулушуна, душмандарына шылдың болушуна жол бергенин көрдү. 26 Муса стандын дарбазасынын жанына туруп: «Ким Теңирди ээрчигиси келсе, мага келсин!» – деди. Ошондо анын алдына Лебинин бүт уулдары чогулушту. 27 Муса аларга мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлап, станды аралап, чатырдан чатырга өтүп, бир туугандарыңарды, досторуңарды, жакындарыңарды өлтүргүлө”». 28 Леби уулдары Мусанын айтканындай кылышты. Ошол күнү элдин ичинен үч миңге жакын адам кырылды. 29 Ошондо Муса Леби уулдарына: «Бүгүн Теңирге колуңарды арнагыла, анткени ар бириңер өз уулдарыңарга, бир туугандарыңарга кол көтөрдүңөр. Ал бүгүн силерге батасын берсин», – деди. 30 Эртеси күнү Муса элге кайрылып: «Силер өтө чоң күнөө кылдыңар, ошондуктан мен тоого чыгып, Теңирге барам, балким, силердин күнөөңөр үчүн кечирим алып келермин», – деди. 31 Муса Теңирге кайра барып, мындай деди: «Бул эл өзүнө алтын кудай жасап, өтө чоң күнөө кылды. 32 Булардын күнөөсүн кечир. Эгерде кечирбей турган болсоң, анда мени да Өзүң жазган китебиңден чийип сал». 142


33 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Менин алдымда ким күнөө кылса, ошону Өзүмдүн китебимден чийип салам. 34 Эми бара бер, бул элди Мен айткан жерге алып жөнө. Менин периштем сенин алдыңда барат. Күнөө үчүн жазалай турган күнүм келгенде, Мен аларды жазалайм». 35 Ошентип, Теңир элди Арун жасаган музоо үчүн кыргынга учуратты.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Ысрайылдыктар саамирийдик тарабынан азыгырлыптыр, ошол киши мөөрөй турган алтын музоону жасап берген. 2. Арун болсо эврейлерди бутка табынуудан сактап калгысы келди бирок колунан келбей койду. 3. Муса күнөө кылган адамдарды өз өмүрлөрүн кыюуну талап кылды. 4. Муса саамирийдикке алтын музоосун эмне кылаарын айтты: «...Биз аны күйгүзүп деӊизге сапырып жиберебиз!...»

БИБЛИЯДА: 1. Ысрайылдыктар көзгө көрүнө турган кудай жасап берүүнү сурашты, Арун өзү алтын музоону жасап берди, бул музоо башка эле жасалма кудайлар сыяктуу эле үн чыгара алган эмес. 2. Бул бутка табынуучулукка Арун өзү жоопкерчиликтүү болгон, анткени ал элди токтотууга эч аракет кылган жок. Мунун кесепетинде Муса Кудайдын осуяттары жазылган таш лоокторду сындырып салды, 3000 жакын эврей өлгөн, ошондой эле элге катуу оору келген.

143


3. Кудай бул ооруну Өзү жиберди. 4. Алтын музоо турган жерден деӊизге чейинки аралык өтө эле алыс болгон. Муса «алар жасаган музоону алып, отко өрттөп, күлдөй кылып майдалап, сууга чачып жиберди да, ал суудан Ысрайыл уулдарына ичирди»

КУРАН “МУСА КУДАЙДЫН ДАӉКЫН КӨРӨТ” СҮРӨ 7 A’РАФ 143. Муса Биз убадалашкан убакта келгенде жана Раббиси ага сүйлөгөндө: О, Раббим! Мага көрүнчү, Сага карайын! - деди. Аллах айтты: Мени эч көрө албайсыӉ. Бирок, мына бул тоого карап тур, эгер ал ордунда жылбай калса, мен Мени көрө аласыӉ. Анан, Раббиси тоого көрүндү эле..., аны күкүм кылып таштады. Муса эстен танып жыгылды! Качан өзүнө келгенде айтты: О, Раббим, Сен Аруу-Тазасыӊ! Мен тообо кылдым! Жана мен ыймандуулардын алдынкысымын!

БИБЛИЯ “МУСА КУДАЙДЫН ДАӉКЫН КӨРӨТ” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 33 17 Ошондо Теңир Мусага: «Сенин азыркы айтканыңды аткарам, анткени сен Менин алдымда ырайым таптың, Мен сени атыңдан билем», – деди. 18 Муса Ага: «Мага Өз даңкыңды көрсөтчү», – деди.

144


19 Ошондо Теңир ага мындай деди: «Мен сенин алдыңдан бардык жакшылыктарымды өткөрүп, Теңирдин ысымын сенин алдыңда жарыя кылам. Мен кимге ырайым кылгым келсе, ага ырайым кылам; кимди аягым келсе, аны аяйм». 20 Анан Ал дагы мындай деди: «Сага Менин жүзүмдү көрүүгө болбойт, анткени Менин жүзүмдү көргөн адам тирүү калбайт». 21 Теңир дагы мындай деди: «Менин жанымда аска бар, ошол асканын үстүндө тур. 22 Менин даңкым өтүп бара жатканда, сени асканын жаракасына коөм, өтүп кеткенге чейин, сени колум менен калкалап турам. 23 Мен колумду тартып алгандан кийин, Мени артыман көрөсүң, Менин жүзүмдү көрбөйсүң».

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Кудай Мусага Өз даӊкын тоону талкалап салуу аркылуу көрсөттү. БИБЛИЯДА: 1. Мусага Теӊир «ошол асканын үстүндө тур» деди. Кудай Өзү Мусаны колу менен калкалап турду, анан Муса Кудайдын даӊкын Анын артынан гана көрө алды, антпегенде ал өлүп калмак.

145


КУРАН “ЭЛ ХАНААНГА КИРГИСИ КЕЛБЕЙТ” СҮРӨ 5 МАИДА 20. Бир кезде Муса коомуна деди: О, коомум! Аллахтын силерге берген нээматтарын эстегиле! Бир кезде Аллах силердин араӊардан Пайгамбарларды, падышаларды чыгарды жана силерге ааламдардан эч кимге бербеген нээматтарды берди. 21. О, коомум! Аллах силерге парыз кылган. Ыйык жерге киргиле жана артыӉарга кайтпагыла, зыян тартуучулардан болуп каласыӉар. 22. Алар айтышты: О, Муса, анда бакубат, кайраттуу адамдар бар экен. Ошолор чыгып кетмейинче, биз ал жерге кире албайбыз. Эгер алар өздөрү чыгып кетишсе, анан биз киребиз. 23. Аллахтан корко турган, Аллах аларга нээмат кылып берген эки адам айтты: Алардын үстүнө эшиктен кирип баргыла. Кирип эле алсаӉар, силер жеӉүүчү болосуӉар. Жана эгер момун болсоӉор, Аллахка гана тобокел кылгыла. 24. Айтышты: О, Муса, алар шаар ичинде турса, биз эч качан кирбейбиз. Барабер, өзүӉ, РаббиӉ экөөӉ согуша бергиле! Биз ушул жерде гана отурабыз. 25. Айтты: О, Раббим! Мен өзүм менен бир тууганымдан бөлөк эч кимге ээ боло албай калыптырмын! Эми, биз менен бул бузулган коомдун арасын ажыратып, жазала! 146


26. Аллах деди: Эми аларга арам! Алар жер жүзүндө кырк жыл адашып тентип жүрүшөт. Сен бул бузулган коом үчүн бушайман болбо.

БИБЛИЯ “ЭЛ ХАНААНГА КИРГИСИ КЕЛБЕЙТ” САНДАР БӨЛҮМ 13 1 Ошондон кийин эл Хатсейроттон чыгып, Паран чөлүнө келип токтоду. 2 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: 29 Бирок ал жерде жашаган эл күчтүү экен, шаарлары да өтө чоң, чеп менен курчалган экен. Биз ал жерден Анактын тукумун да көрдүк. 30 Ал жердин түштүк жагында амалыктыктар, тоолорунда хеттиктер, жебустуктар жана аморлуктар, деңиз жээги менен Иордан боюнда канаандыктар жашашат экен». 31 Бирок Калеп Мусанын алдында турган элди тынчтандырып: «Жүргүлө, ал жерди ээлеп алалы, анткени биз ал жерди оңой эле басып ала алабыз», – деди. 32 Аны менен барып келгендер болсо: «Жок, биз ал жердин элдерине каршы бара албайбыз, анткени алар бизден алда канча күчтүү экен», – дешти. САНДАР БӨЛҮМ 14 1 Ошондо бүт жамаат боздоп жиберди, эл ошол түнү ыйлап чыкты. 2 Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Муса менен Арунга мындай деп наалыды: «О, ушундан көрө Мисир жеринде же ушул чөлдө эле өлүп калсак эмне.

147


3 Теңир бизди ал жерге кылычтан өлсүн деп алып бара жатабы? Эми аялдарыбыз менен балдарыбыз душманга олжо болот. Андан көрө Мисирге кайтканыбыз оң эмеспи?» 4 Анан алар бири-бирине: «Өзүбүзгө башчы шайлап алып, Мисирге кайра кетели», – дешти. 5 Ошондо Муса менен Арун Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатынын алдында жүзтөмөндөп жыгылышты. 6 Ал жерди көрүп келгендердин ичинен Нундун уулу Жашыя менен Жепундун уулу Калеп да кийимдерин айрып жиберишип, 7 Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына мындай дешти: «Биз көрүп келген жер абдан сонун жер экен. 8 Эгерде Теңир бизге ырайым кыла турган болсо, анда бизди ал жерге Өзү алып барат. Сүт менен бал аккан ошол жерди бизге берет. 9 Болгону, Теңирге каршы чыкпагыла, ал жердин элинен коркпогула, биз ал элди жеңип алабыз, анткени алардын коргоочусу жок. Ал эми биз менен Теңир бара жатат, ошондуктан алардан коркпогула». 10 Ошондо бүт жамаат: «Буларды таш бараңга алыш керек!» – деп кыйкырды. Бирок Теңирдин даңкы жыйын чатырынын үстүнө келип, бүт Ысрайыл уулдарына көрүндү. 11 Ошондо Теңир Мусага: «Бул эл Мени качанкыга чейин каардантат? Мен аларга кереметтерди көрсөткөндөн кийин да, Мага ишенбей жүрө беришеби? 12 Мен аларды жугуштуу оору каптатып жок кылам да, сенден алардан көбүрөөк, күчтүүрөөк эл жаратам», – деди. 13 Бирок Муса Теңирге мындай деди: «Бул элди Өз кубатың менен өздөрүнүн арасынан алып чыккан Сен экениңди билген мисирликтер бул жөнүндө угуп, 14 бул жердин тургундарына айтышат. Алар Сенин Теңир экениңди, бул элдин арасында жүргөнүңдү, Өзүңдүн жүзүңдү аларга көрсөткөнүңдү, алардын үстүндө Сенин булутуң турганын жана Сен алардын алдында күндүз булут мамынын ичинде, түнкүсүн от мамынын ичинде баратканыңды уккан ошол жердин элине айтышат. 15 Эгерде Сен бул элди бир кишини жок кылгандай кырып салсаң, анда Сенин даңкыңды угушкан ошол элдер: 16 “Теңир бул элди Өзү ант менен убада кылган жерге алып бара албай, чөлдө кырып салды”, – деп айтышат.

148


19 Сен бул элдин күнөөсүн Мисирден чыккандан баштап ушул күнгө чейин улуу ырайымың менен кечирип келе жатканыңдай, эми да кечир». 20 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Сенин сөзүң боюнча кечирейин. 21 Мен тирүүмүн, ошондуктан бүт жер жүзү Теңирдин даңкына толуп турат. 22 Менин Мисирде жана чөлдө көрсөткөн даңкым менен кереметтеримди көргөндөрдүн бардыгы Мени он жолу сынашты, Менин үнүмдү укпай коюшту. 23 Алардын ата-бабаларына берем деп, ант менен убада кылган жерди алар көрүшпөйт. Мени каарданткандардын бардыгы ал жерди көрбөйт. 24 Бирок Менин кулум Калепте башка рух болгондуктан, ал Мага толук баш ийгендиктен, Мен аны өзү барып келген жерге алып барам, анын тукуму да ал жерди мурастайт. 25 Амалыктыктар менен канаандыктар өрөөндө жашашат. Эртең артка кайтып, Кызыл деңизге барчу жол менен чөлгө кеткиле». 26 Анан Теңир Муса менен Арунга мындай деди: 27 «Бул ниети жаман эл Мага качанкыга чейин наалыйт? Ысрайыл уулдарынын Мага наалыганын угуп жатам. 28 Аларга мындай деп айтып кой: “Мен тирүүмүн, – дейт Теңир, – Мага кандай айтсаңар, так ошондой кылам. 29 Өлүгүңөр ушул чөлдө калат, Мага наалыганыңар үчүн эсепке кирген жыйырма жана андан жогорку жаштагыларыңардын баары өлүп, ушул чөлдө каласыңар. 30 Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыядан башкаңар Мен колумду көтөрүп, алып барам деп ант берген жерге кирбейсиңер. 31 Душмандын колуна түшүп олжо болот деген балдарыңарды Мен ошол жерге алып барам, алар силер жек көргөн жерди көрүшөт. 32 Ал эми силердин өлүгүңөр ушул чөлдө калат. 33 Балдарыңар чөлдө кырк жыл көчүп-конуп жүрүшөт. Баарыңар чөлдө өлүп бүткөнгө чейин, алар силердин ишенимсиздигиңер үчүн азап тартышат. 34 Силер жерди кырк күн карап чыктыңар. Өзүңөрдүн күнөөлөрүңөр үчүн ошол күндөрдүн санына жараша кырк жыл жазаланасыңар, бир күн үчүн бир жыл. Мен таштап койгондо кандай болорун ошондо билесиңер.

149


КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Муса бул жерде өзүн жана биртууганын өзгөчөлөнтүп, калган элди ишенбестиги үчүн Кудайга жамандагандай болду.

БИБЛИЯДА: 1. Муса бул жерде өзүн башка исраилдиктер менен теӊ коюп жатат, алар аны жаман көрсө дагы ал эл үчүн жаӊы ачып жатты, Кудайдан дайыма алар үчүн кечирим сурап келди.

150


КУРАН “КОРАКТЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ” СҮРӨ 28 КАСАС 76. Чыныда Каарун Мусанын коомунан болгон. Ал аларга зулумдук көргөздү. Биз ага ачкычтары эле күчтүү жамаатка оор жүк болчудай казыналарды берген элек. Бир кезде коому ага деди: Олукпагын, Аллах оолуккандарды сүйбөйт. 77. Аллах сага берген байлык менен Акырет коргонун талап кылсаӊчы. Бирок бул дүйнөдөн да насибиӊди унутпа. Аллах сага ихсан кылган сыяктуу, сен да ихсан кыл. Жер бетинде бузукулукту издебе. Аллах бузукуларды сүйбөйт. 78. Айтты - Бул байлыктар өзүмдүн билермандыгым себептүү берилген. Ал билбейт беле, Аллах андан мурунку муундардан андан да күчтүү, андан да бай адамдарды кыйратып салганын. Күнөөкөр адамдар күнөөкылмыштарынан суралып отурбайт. 79. Каарун зыйнаттары менен элине чыкканда, дүйнө жашоосун каалагандар - Кана эми, бизге да Каарунга берилгендей нерселер берилсе! Ал улук кут насиптин ээси - дешти. 80. Ал эми илимдүү адамдар болсо - Азап болсун силерге, ыйман келтирип, салих амал кылганыӉар үчүн Аллахтын сообу жакшы го. Аллахтын сообуна сабыр кылгандар гана жетет. 81. Анан Биз аны коргору менен кошуп жерге жуткуруп жибердик. Ага Аллахтан жардам берүүчү жамаат болбоду. Жана анын өзү да жеӊүүчүлөрдөн болгон жок. 151


82. Кечээ гана анын оруна тамшанган адамдар - Оо! Аллах пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына гана ырыскысын кенен жана ченеп берет турбайбы. Эгер Аллах бизге жакшылык кылбаганда бизди деле жерге жуткуруп жибермек. Ой тобоо! Каапырлар кутулбайт турбайбы! - дешти.

БИБЛИЯ “КОРАКТЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ” САНДАР БӨЛҮМ 16 1 Лебинин, Кааттын, Итсардын уулу Корак, Рубейин уулдарынан Элийаптын уулдары Датан менен Абырам, Пелеттин уулу Оон Мусага каршы чыгышты. 2 Алар менен кошо Ысрайыл уулдарынын ичинен жыйынга чакырылган атактуу жамаат башчылары болгон эки жүз элүү адам каршы чыкты. 3 Алар чогулуп келип, Муса менен Арунга каршы мындай дешти: «Силердики жетишет, бүт жамаат ыйык, бардыгы ыйык, Теңир алардын арасында! Эмне үчүн силер өзүңөрдү Теңирдин элинен жогору коөсуңар?» 4 Муса муну укканда, жүзтөмөндөп жыгылды. 5 Анан ал Коракка жана анын таламдаштарына мындай деди: «Эртең Теңир ким Өзүнүкү экенин, ким ыйык экенин көрсөтөт, ошону Ал Өзүнө жакындатат. Өзү кимди тандаса, ошону Өзүнө жакындатат. 6 Мындай кылгыла: Корак жана анын таламдаштары, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишиңерди алгыла. 7 Эртең ага от салып, анын үстүнө Теңир алдында түтөтүлүүчү заттарды салгыла. Ошондо Теңир кимди тандаса, ошол ыйык болот. Леби уулдары, силердики жетишет!» 8 Муса Коракка дагы мындай деди: «Леби уулдары, кулак салгыла. 152


9 Кудай силерди Ысрайыл жамаатынан бөлүп алып, Теңирдин жыйын чатырында жамаатка кызмат кылып турушуңар үчүн Өзүнө жакындатканы силерге аздык кылып жатабы? 10 Ал сени жана сени менен кошо бардык бир туугандарыңды, Леби уулдарын, Өзүнө жакындатты. Силер болсо ыйык кызмат кылуучулукка да умтулуп жатасыңар. 11 Ошон үчүн сен жамаатың менен Теңирге каршы чыгып жатасың. Арунга наалыгыдай, ал ким эле?» 12 Анан Муса Элийаптын уулдары Датан менен Абырамды чакырганы киши жиберди. Бирок алар: «Барбайбыз! 13 Бизди чөлдө өлтүрүш үчүн, сүт менен бал аккан жерден алып чыкканың аздык кылабы? Эми сен бизге үстөмдүк кылгың барбы? 14 Сен бизди сүт менен бал аккан жерге жеткирген жоксуң. Жүзүмзарлар менен эгин талааларын энчибизге берген жоксуң. Сен бул элди алдагың барбы? Барбайбыз!» – дешти. 15 Ошондо Муса абдан капаланып, Теңирге кайрылды: «Булардын алып келген курмандыктарына көңүл бурба, мен булардан бир да эшек алган эмесмин, булардын эч бирине жамандык кылган эмесмин». 16 Анан Муса Коракка мындай деди: «Эртең сен бүт таламдаштарың менен Теңирдин алдында бол, сени менен кошо таламдаштарың жана Арун болсун. 17 Ар бириңер жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишиңерди алып, ага түтөтүлүүчү зат салып, Теңирдин алдына алып келгиле, бардыгы эки жүз элүү идиш болсун. Арун экөөңөр да өз идишиңерди алып келгиле». 18 Ошондо ар бири өз идишин алып, чок салып, жыпар жыттуу зат салып, жыйын чатырынын алдында турушту. Муса менен Арун да турду. 19 Анан Корак аларга каршы бүт жамаатты жыйын чатырынын алдына чогултту. Ошондо бүт жамаатка Кудайдын даңкы келди. 20 Анан Теңир Муса менен Арунга мындай деди: 21 «Бул жамааттан бөлүнгүлө, анткени Мен буларды көз ачып-жумгуча кыйратам». 22 Ошондо алар жүзтөмөндөп жыгылып: «Кудай, бардык адамдардын рухтарынын Кудайы! Бир киши күнөө кылса, бүткүл жамаатка каарданасыңбы?» – дешти. 23 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: 24 «Жамаатка: Корактын, Датандын жана Абырамдын чатырларынан алыс тургула», – деп айт.

153


25 Муса ордунан туруп, Датан менен Абырамга барды, анын артынан Ысрайыл аксакалдары да барышты. 26 Анан Муса жамаатка мындай деди: «Бул мыйзамсыз адамдардын чатырларынан алыс тургула, буларга тийиштүү нерселердин эч бирине тийбегиле, болбосо булардын күнөөсү үчүн силер да өлүп каласыңар». 27 Ошондо алар Корактын, Датандын, Абырамдын чатырларынан алыс турушту. Датан менен Абырам аялдарын, уулдарын, кичинекей балдарын алып, чатырларынан чыгып, эшиктеринин алдында турушту. 28 Анан Муса мындай деди: «Бул иштердин баарын мен өз эрким менен эмес, Теңир жибергендиктен жасап жатканымды мындан билесиңер: 29 эгерде булар бардык адамдар өлгөн сыяктуу эле өлүшсө, бардык адамдардай эле жазаланышса, анда мени Теңир жиберген эмес болот. 30 Эгерде Теңир адаттан тыш нерсе кылып, жер араанын ачып, буларды жана булардын бардык нерселерин жутуп жиберсе, булар өлгөндөр жаткан жайга тирүүлөй кирсе, анда бул адамдардын Кудайга акарат келтиргенин билесиңер». 31 Ушул сөздөрдү айтар замат алардын астындагы жер ачылды. 32 Жер араанын ачып, аларды үй-жайы менен, Корактын бардык кишилерин мал-мүлкү менен кошо жутту. 33 Ошентип, алар бардык мал-мүлкү менен өлгөндөр жаткан жайга тирүүлөй киришти, аларды жер басып калды. Ошентип, алар жамаат арасынан жок болушту. 34 Аларды тегеректеп турган бүт ысрайылдыктар алардын боздогон үнүн угуп: «Бизди да жер жутпасын», – деп качып жөнөштү. 35 Анан Кудайдан от түшүп, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди алып келген эки жүз элүү эркекти жалмап кетти. 36 Анан Теңир Мусага мындай деди: 37 «Арундун уулуна, ыйык кызмат кылуучу Элазарга, айт, ал өрттөнүп кеткендердин жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерин чогултуп алып, ичиндеги чогун сыртка төгүп салсын, анткени алар ыйык болуп калды. 38 Бул күнөөкөрлөрдүн жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерин курмандык чалынуучу жайды капташ үчүн, каңылтыр кылып салгыла. Анткени алар жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди Теңирдин алдына алып келишкендиктен, идиштер ыйыкталып калды. Бул Ысрайыл уулдарына эскертүү болсун».

154


39 Теңир Элазарга Муса аркылуу айткандай, ыйык кызмат кылуучу Элазар өрттөнүп кеткендердин жез идиштерин алды да, курмандык чалынуучу жайды капташ үчүн, каңылтыр кылып салды. 40 Теңирдин алдына Арундун тукумунан башка бирөө жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиш алып келбеш үчүн, Ысрайыл уулдары да Корак менен анын таламдаштарындай болбош үчүн, аларды Ысрайыл уулдарына эскертүү кылыш үчүн ошентти. 41 Эртеси Ысрайыл уулдарынын бүткүл жамааты Муса менен Арунга: «Силер Теңирдин элин өлтүрдүңөр», – деп нааразы болду. 42 Муса менен Арунга каршы бүт жамаат чогулганда, алар жыйын чатырын карашса, жыйын чатырын булут каптап, Кудайдын даңкы келиптир. 43 Ошондо Муса менен Арун жыйын чатырына келди. 44 Теңир Мусага мындай деди: 45 «Бул жамааттан алыс тургула, анткени Мен буларды көз ачып-жумгуча кыйратам». Бирок алар жүзтөмөндөп жыгылышты. 46 Ошондо Муса Арунга мындай деди: «Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишти алып, ичине курмандык чалынуучу жайдын чогунан салып, үстүнө түтөтүлүүчү зат салып, тезирээк жамаатка барып, аларды куткарып кал, анткени Теңирдин каары төгүлүп, алар кыйрай башташты». 47 Муса айткандай, Арун жамааттын ортосуна чуркап барса, эл кыйрай баштаган экен. Ошондо ал идишке түтөтүлүүчү зат салып, элди куткарып калды. 48 Ал өлгөндөр менен тирүүлөрдүн ортосуна туруп калды, ошондо кыйроо токтоду. 49 Ошентип, Корактын иши боюнча өлгөндөрдөн сырткары кыйроодон он төрт миң жети жүз киши өлдү. 50 Кыйроо токтогондон кийин, Арун жыйын чатырынын алдына, Мусага кайтып келди.

155


КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Корак бай жана текебер болгон. 2. Анын адамдары Корактын текебердигин баскылары келген, Кудай бардык нерсенин ээси экенин эсине салышты. 3. Корак байлыгын Кудайдын жардамысыз өзү эле тапканын айтып мактанды. Кээ бир ысрайылдыктар ага суктанышчу. 4. Акылдуу адамдар Корактын мындай текебердигин ашкерелеп жатышты. 5. Кудай Коракты үй-бүлөөсү менен жерге киргизип, жок кылып салды. 6. Корейге суктанган, аны мактаган элдер ал өлө элегинде эле кайра эстерине келишип, жаӊылышып жаткандарын билишти да Кудайды даӊташты

БИБЛИЯДА: 1. Корак, Дафан, Авирон жана эки жүз элүү адам Мусага жана Харунга каршы чыгышты, алар -“…силер эмнеге өзүӊөрдү Кудайдын элинен өйдө коюп жатасыӊар…” деген доомат коюшту. Муса Кудайга кайрылды, Кудай кийинки күнү кимди башчы кылып тандап алганын айтарын билдирди. 2. Муса аларды токтотууга, эстерине келтирүүгө аракет кылды, ал айтты – Кудай бизди силерге ыйык кызмат кылуучу кылып тандап алды деп айтты. 3. Муса Дафанды жана Авиронду сүйлөшүүгө чакырды, бирок алар – эврей эли Мисирден чыгып тентип калды деп доомат коюп келбей коюшту. 4. Муса Корактын, Дафандын жана Авирондун алачыктарынан алыс тургула деп бардык элге эскертүү кылды, алар атайы жаза аларын айтты. 5. Кудай Коракты, Дафанды жана Авиронду, алардын үй-бүлөөлөрүн, жанагы көтөрүлүп чыккан 250 адамды жер алдына киргизип, жок кылды. 6. Кийинки күнү жалпы эл Мусаны киши өлтүргүч деп айыптады, ошондо Кудай аларга оору жөнөттү, ошондо көтөрүлүп чыккан 14,700 ысрайылдыктар өлдү.

156


БӨЛҮМ 7 ДӨӨТ КУРАН “ГИДЕОН, САБЫЛ ЖАНА ДӨӨТ” СҮРӨ 2 БАКАРА 246. Мусадан кийинки, Исрайил урпактарынан болгон жамааты билбедиӊби? Бир мезгилде алар өздөрүнүн пайгамбарына - бизге бир падыша дайындап бер, Аллах жолунда согушка чыгалы - дешкенде, ал Эгер силерге согуш парыз кылынган убакта, согуштан баш тартсаӊарчы? -деди. Алар айтышты - Кантип эле Аллахтын жолунда согушпай койолу? Биз журттарыбыздан жана бала-чакаларыбыздан айдап чыгарылдык. Ал эми согуш парыз кылынганда болсо, аз гана бөлүгүнөн башка бардыгы баш тартышты. Жана Аллах заалым адамдарды Билүүчү. 247. Аларга пайгамбары - Аллах силерге Таалутту падыша дайындады дегенде, алар - Ал кайдан бизге падыша болсун? Андан көрө падышалыкка өзүбүз көбүрөөк акылуубуз. Жана ага кененирээк мал-дүйнө да берилген эмес дешти. Айтты: Аны силерге Аллах тандады жана аны илимде жана денесинде ашыкча кылды, Аллах падышалыгын Өзү каалаганга берет. Жана Аллах Кенен, Билүүчү. 248. Пайгамбарлары аларга - Анын падышалыгынын белгиси, силерге сандыктын келиши. Анда РаббиӉер тарабынан тынчтык-бейпилдик жана Муса менен Харундун үй-бүлөөсүнөн калган нерселер бар. Аны периштелер көтөрүп келишет. Эгер момун болсоӉор ушул окуяда силер үчүн аян-белги бар - деди. 249. Таалут аскерлер менен чыкканда деди - Аллах силерди бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе - менден эмес, жана ким андан ичпесе ал менден. Бирок, ким колу менен бир ууртам гана ичсе, мейли. Анан аз гана адамдан башка баарысы суу ичип алышты. Бир убакта ал жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдар дарыядан өттү эле - Бүгүн Жаалут жана анын аскерлери менен согушууга алыбыз жетпейт дешти. Ал эми, Аллах менен жоугууга ишенгендер - Нечендеген аз сандуу аскерлер Аллахтын каалоосу менен көп сандуу аскерлерди жеӉип чыккан. Аллах сабырдуулар менен - дешти. 157


250. Жана Жаалут менен анын аскерлерине бетме-бет келгенде - О, Рабби! Үстүбүздөн сабыр - чыдамкайлык жаадыр, кадамыбызды бекем кыл жана каапыр коомдордун үстүнөн жеӊиш бере көр - деп. 251. Кийин Аллахтын каалоосу менен аларды жеӊип алышты жана Дауд Жаалутту өлтүрдү. Аллах ага падышалык менен даанышмандык берип, Өзү каалаган илимдерди үйрөттү. Эгер Аллах адамдардын бир бөлүгүн башка бир бөлүгү менен жоготуп турбаса, жер бузулуп кетмек. Бирок, Аллах ааламдардын үстүнөн Пазилеттүү. 252. Булар - Аллахтын далилдери. Аларды сага акыйкат менен айтып берүүдөбүз. Жана сен албетте, пайгамбарлардын бирисиӊ.

БИБЛИЯ “ГИДЕОН, САБЫЛ ЖАНА ДӨӨТ” БАШКАРУУЧУЛАР БӨЛҮМ 6 1 Ысрайыл уулдары Теңирдин алдында кайрадан жаман иштерди кыла баштаганда, Теңир аларды жети жылга мидиандыктардын колуна салып берди. 2 Мидиандыктар ысрайылдыктарды аөосуз эзишти. Ысрайыл уулдары мидиандыктардан качып, өздөрүнө жашыруун жерлерди, үңкүрлөрдү, баш калкалоочу жайларды даярдашты. 11 Теңирдин периштеси келип, Абиезердин тукуму Жаашка таандык болгон Опрадагы эмендин түбүнө отурду. Ошол учурда анын уулу Гидон буудайды мидиандыктардын көзүнө көрсөтпөш үчүн, жүзүм сыгылуучу жайда жанчып жаткан. 14 Теңир аны карап туруп: «Ушул күч-кубатың менен бар да, Ысрайылды мидиандыктардын колунан куткар. Сени Мен жөнөтүп жатам», – деди. 158


15 Гидон Ага: «Теңирим! Ысрайылды мен кантип куткарам? Менин үйбүлөм – Менаше уруусундагы эң жарды үй-бүлө, үй-бүлөдө мен эң кичүүсүмүн», – деди. 16 Теңир ага: «Мен сени менен болом, мидиандыктарды сен бир кишини кыйраткандай кыйратасың», – деди. 34 Гидонду болсо Теңирдин Руху курчады. Ал мүйүз тартып, Абиезердин тукумун чакырды, алар анын артынан жүрүүгө даяр болду. БАШКАРУУЧУЛАР БӨЛҮМ 7 1 Жеруп-Баал (Гидон) эртең менен эрте турду. Аны менен келген бүт эл стандары менен Эйин-Харот булагынын жанына жайланышты. Мидиан станы болсо түндүктү карай кеткен өрөөндөгү Аморе адырында эле. 2 Теңир Гидонго мындай деди: «Сени менен келген эл өтө көп. Ысрайылдыктар Менин алдымда: “Өзүмдү өзүм куткардым”, – деп текеберденип кетпеши үчүн, мидиандыктарды Мен алардын колуна салып бербейм. 3 Ошондуктан элге угуза айт: “Ким жүүнү бош, коркок болсо, Гилат тоосунан түшүп, келген жагына кетсин”». Ошондо жыйырма эки миң киши артка кайтты, он миң киши калды. 4 Анан Теңир Гидонго мындай деди: «Дагы эле эл көп. Буларды сууга алып бар, ошол жерден мен сага тандап берем. Мен кимди: “Сени менен барсын”, – десем, ошол сени менен барсын, Мен кимди: “Сени менен барбашы керек”, – десем, ал барбасын». 5 Ал элди сууга алып келди. Теңир Гидонго: «Сууну итке окшоп тили менен шалпып ичкендерди өзүнчө бөл, тизе бүгүп, эңкейип ичкендерди өзүнчө бөл», – деди. 6 Үч жүз киши сууну кочуштап сузуп, оозу менен шалпып ичти. Калгандары сууну тизе бүгүп, эңкейип ичишти. 7 Ошондо Теңир Гидонго: «Сууну шалпып ичкен үч жүз киши аркылуу Мен силерди мидиандыктардан куткарам, аларды колуңарга салып берем. Ал эми калгандары өз-өз чатырларына кайтышсын», – деди. 8 Алар кеткендердин азыктары менен мүйүздөрүн алып калышты. Гидон үч жүз кишини алып калып, калган ысрайылдыктарды өз-өз чатырларына таратты. Мидиандыктардын станы төмөн жактагы өрөөндө эле. 16 Анан ал үч жүз кишини үч топко бөлүп, бардыгынын колдоруна мүйүздөрдү жана бош кумураларды берди, ошондой эле кумуралардын ичине салганга шам берди. 159


20 Ошондо үч топ мүйүздөрдү тартып, кумураларын талкалады. Алар сол колдоруна шамдарын кармап, оң колдорундагы мүйүздөрдү тартып, жер жаңырта: «Теңир үчүн, Гидон үчүн!» – деп кыйкырышты. 25 Алар мидиандыктардын Орейип менен Зейеп деген эки төрөсүн колго түшүрүп, Орейипти Сур-Орейипте, Зейепти Жекеп-Зейепте өлтүрүштү да, мидиандыктарды андан ары кууп жөнөштү. Орейип менен Зейептин баштарын Иордандын берки өйүзүнө, Гидонго алып келишти. БАШКАРУУЧУЛАР БӨЛҮМ 8 22 Ысрайылдыктар Гидонго: «Бизди сен башкар, уулуң, уулуңдун уулу башкарсын, анткени сен бизди мидиандыктардын колунан куткарып алдың», – дешти. 23 Гидон аларга: «Силерди мен да, менин уулум да башкарбайт. Силерди Теңир башкарсын», – деди. 1-ШЕМУЕЛ БӨЛҮМ 8 1 Шемуел карыганда, Ысрайылга өз уулдарын башкаруучу кылды. 2 Улуу баласынын ысымы Жоел, экинчи баласынын ысымы Абия болчу. Алар Бейер-Шебада башкаруучу эле. 3 Бирок уулдары анын жолу менен жүрүшкөн жок, дүнүйөкордук кылып пара алып, туура эмес бийлик жүргүзүштү. 4 Ошондо Ысрайылдын бардык аксакалдары чогулуп, Рамага, Шемуелге келишти. 5 Алар ага: «Сен карып калдың, уулдарың сенин жолуң менен жүрүшпөйт, ошондуктан башка элдердикиндей эле, биздин үстүбүзгө падыша кой, ал бизди башкарсын», – дешти. 6 Алардын «Биздин үстүбүзгө падыша кой» деген сөзү Шемуелге жаккан жок. Шемуел Теңирге сыйынды. 7 Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Эл сага эмне десе, ошонун бардыгын кыл, анткени алар сенден баш тартышкан жок, Мен падыша болбошум үчүн, Менден баш тартышты. 8 Мен Мисирден алып чыккан күндөн ушул күнгө чейин алар Мени таштап, башка кудайларга кызмат кылышты. Сага да ушундай кылып жатышат. 1-ШЕМУЕЛ 160


БӨЛҮМ 9 27 Алар шаардын четине жеткенде, Шемуел Шабулга: «Кулуңду алдыга баса бер де», – деди. Ал алдыга кетти. «Сен болсо токтой тур, мен сага Кудайдын эмне деп айтканын айтып берейин», – деди. 1-ШЕМУЕЛ БӨЛҮМ 10 1 Шемуел зайтун майы куюлган идишти алып, анын башына куйду, анан аны өөп, мындай деди: «Теңир сени Өз мурасын башкарууга майлап жатат. 17 Шемуел элди Теңирдин алдына, Миспага чакырды. 18 Ошондо ал Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Ысрайылдын КудайТеңири мындай дейт: “Мен Ысрайылды Мисирден алып чыктым, силерди мисирликтердин колунан жана силерди эзген бардык падышачылыктардын колунан куткардым”. 19 Силер болсо бардык кыйынчылыктарыңардан, азап-кайгыңардан куткарган Кудайыңарды четке кактыңар да, Ага: “Биздин үстүбүзгө падыша кой”, – дедиңер. Эми өз урууңар, тукумуңар менен Теңирдин алдына келип тургула». 20 Анан Шемуел Ысрайылдын бүт урууларынын келишин буйруду. Ошондо Бенжемин уруусу көрсөтүлдү. 21 Бенжемин уруусуна тукумдарга бөлүнүп келүүнү буйруганда, Матрий тукуму көрсөтүлдү. Матрий тукумунун эркектери келгенде, Киштин уулу Шабулдун аты аталды, аны издеп таппай коюшту. 22 Анан Теңирден дагы: «Ал бул жерге келди беле?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Ал жүктүү арабалардын арасында жашынып турат», – деп жооп берди. 23 Алар чуркап барып, аны ал жактан алып келишти. Ал элдин ортосуна турду. Бардык эл анын ийининен келчү. 24 Анан Шемуел бүт элге мындай деди: «Теңир кимди тандаганын көрдүңөрбү? Бүт элде буга тең келе турган эч ким жок». Ошондо бүт эл: «Жашасын падыша!» – деп кыйкырышты. 25 Шемуел падышачылык укуктарды элге айтып берип, китепке жазып, Теңирдин алдына койду. Анан бүт элди коө берди, ар кимиси өз үйүнө тарады. 26 Ошондой эле Шабул да өз үйүнө, Гибага кетти. Кудай каалоо берген эр жүрөк адамдар аны менен жөнөштү. 161


27 Ал эми начар кишилер: «Бизди сактачу ушул бекен?» – дешти. Аны жек көрүп, ага белек беришкен жок. Бирок ал муну байкамаксан болуп койду. 1-ШЕМУЕЛ БӨЛҮМ 17 1 Пелиштиликтер согушуу үчүн аскерин жыйнап, Жүйүт аймагындагы Сохого чогулушту. Алардын кошууну Сохо менен Азейканын ортосуна, Эфес-Дамимге жайгашты. 2 Ал эми Шабул жана ысрайылдыктардын кошууну чогулуп, эмендүү өрөөнгө жайланышып, пелиштиликтер менен согушууга даярданды. 3 Пелиштиликтер бир тоонун үстүндө, ысрайылдыктар бир тоонун үстүндө турушту, ал эми алардын ортосунда өрөөн бар эле. 4 Пелишти кошуунунан гаттык Голийат аттуу жекеме-жеке чыгуучу балбан чыкты. Анын бою алты чыканак, бир карыш болчу. 8 Ал туруп алып, Ысрайылдын аскер топторуна мындай деп кыйкырды: «Силер эмнеге согушууга чыктыңар? Мен пелиштилик, силер болсо Шабулдун кулдары эмессиңерби? Араңардан киши тандагыла, ал менин жаныма түшүп келсин. 9 Эгер ал мени менен согуша алса, мени өлтүрсө, анда биз силерге кул болобуз. Эгер мен аны өлтүрүп жеңсем, анда силер бизге кул болосуңар жана бизге кызмат кыласыңар». 11 Шабул менен бүт ысрайылдыктар пелиштиликтин бул сөзүн укканда, абдан коркуп үрөйлөрү учту. 24 Бүт ысрайылдыктар бул кишини көргөндө, абдан коркуп, андан качышчу. 26 Дөөт жанында тургандарга: «Бул пелиштиликти өлтүрүп, Ысрайылды шылдыңдан куткарган адамга эмне кылат? Тирүү Кудайдын аскерин маскаралагыдай, сүннөткө отургузулбаган бул пелиштилик ким экен?» – деди. 44 Пелиштилик Дөөткө: «Бери кел, сенин денеңди асман куштары менен талаа жырткычтарына салып берейин», – деди. 45 Дөөт болсо пелиштиликке мындай деп жооп берди: «Сен мага каршы найза, кылыч, калкан менен келе жатасың, мен болсо сага каршы өзүң шылдыңдаган Ысрайыл аскеринин Кудайынын, Себайот Теңирдин, атынан келе жатам. 46 Бүгүн Теңир сени менин колума салып берет, мен сени өлтүрүп, башыңды кесип, пелиштилик аскерлердин өлүктөрүн асман куштары

162


менен жер жырткычтарына берем, ошондо бүт жер жүзү Ысрайылда Кудай бар экенин билет. 49 Дөөт баштыктан таш алып, салмоорго салып, пелиштиликти маңдайга соккондо, таш анын чекесине батып кетти, ал бети менен жерге жыгылды. 50 Ошентип, Дөөт салмоор жана таш менен пелиштиликти жеңди, ал пелиштиликти өлтүрдү. Дөөттүн колунда кылыч жок эле.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Бул жерде бир гана окуя айтылат – Шабул (Саул) падыша тууралуу. 2. Дарыядан суу ичпегендер гана тандалгандар болгон. 3. Бул жерде падышаны шайлап берүүнүн бир гана себеби айтылат: “…биз Аллах жолунда салгылашуу үчүн бизге падыша шайлап…”. Бул жерде падыша кылып бер деген пайгамбардын аты аталган эмес. 4. Шабул Кудай тарабынан тандалганынын далили: “…Пайгамбарлары аларга - Анын падышалыгынын белгиси, силерге сандыктын келиши. Анда Раббиӊер тарабынан тынчтык-бейпилдик жана Муса менен Харундун үй163


бүлөөсүнөн калган нерселер бар. Аны периштелер көтөрүп келишет. Эгер момун болсоӊор ушул окуяда силер үчүн аян-белги бар…” 5. Израилӊтяне просили Кудайа датӊ им победу над филистимлянами: “… О, Рабби! Үстүбүздөн сабыр - чыдамкайлык жаадыр, кадамыбызды бекем кыл жана каапыр коомдордун үстүнөн жеӊиш бере көр…”

БИБЛИЯДА: 1. Бул жерде ысрайылдыктардын эки башка салгылашуусу жазылган, бул эки окуянын аралыгы 200 жыл. (БАШКАРУУЧУЛАР 8:28, 9:22, 10:3, 10:8, 12:7, 12:9, 12:11, 12:14, 13:1, 15:20; 1-ШЕМУЕЛ 7:15). Бири – Мидиандыктарга каршы - Гидеон тарабынан жетектелген; экинчиси – пелиштиликтерге каршы – Шабул тарабынан жетектелген. 2. Сууну итке окшоп шалпылдатып ичкендер гана согушка тандалып алынган, жана алар Шабулдун эмес, Гидеондун аскерлерине кошулган. 3. БИБЛИЯДА бул тууралуу бакша себеп бар: пайгамбар карып калган, анын балдары анын жолун жолдоп түз жүргөн жок, ошондуктан бизге падыша шайлап бер, башка элдердикиндей болуп ал башкарсын деп айтышкан. Бул сураныч Кудай алдында күнөө болгон. Бул жерде Ысрайылдын улуу пайгамбарларынын бири – Шемуел бар. 4. Ысрайылга келишим сандыгынын кайтарылып келиши Шемуел жаш кезинде болгон, ал эми Шаул болсо балким төрөлө элек болчу. Ысрайылдыктар чачырап калышкан: Пелиштиликтер салгылашышты, ысрайылдыктар жеңилип, ар кимиси өз чатырына качты. Зор кыйроо болду. Ысрайылдын отуз миң жөө адамы кырылды (1-ШЕМУЕЛ 4:10), “… 11 Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты.” (1-ШЕМУЕЛ 4:11) Бирок жеӊген тарапка кыйынчылык түшү: “…6 Азоттуктардын үстүндөгү Теңирдин колу оорлоду, Теңир аларды кыйратты. Азотту жана анын айланасын ириңдүү шишик оорусу менен жазалады …” (1-ШЕМУЕЛ 5 : 6). Ошондо пелиштиликтер келишим сандыгын кайтарып берели дешти: “… 11 Теңирдин келишим сандыгын жана алтын чычкандар менен алтын ириңдүү шишиктердин балбалдары салынган үкөктү арабага салышты. 12 Ошондо уйлар түз эле Бейт-Шемешти көздөй кеткен жолго түшүштү. Мөөрөгөн боюнча оңго да, солго да бурулбай, бир жол менен кетишти. Пелиштинин төрөлөрү Бейт-Шемештин чегине чейин алардын артынан ээрчип барышты.…” (1-ШЕМУЕЛ 6:11, 12). Ошентип, келишим сандыгы Ысрайылга кайтып келди. 164


5. Дөөт мындай деди: “…45 Дөөт болсо пелиштиликке мындай деп жооп берди: «Сен мага каршы найза, кылыч, калкан менен келе жатасың, мен болсо сага каршы өзүң шылдыңдаган Ысрайыл аскеринин Кудайынын, Себайот Теңирдин, атынан келе жатам. 46 Бүгүн Теңир сени менин колума салып берет, мен сени өлтүрүп, башыңды кесип, пелиштилик аскерлердин өлүктөрүн асман куштары менен жер жырткычтарына берем, ошондо бүт жер жүзү Ысрайылда Кудай бар экенин билет.…”(1-ШЕМУЕЛ 17:45, 46)

КУРАН “ДӨӨТ ЖАНА БАТ-ШЕБА” СҮРӨ 38 САД 21. Сага талашкан адамдардын кабары келид беле? Ошондо, алар мээрапка дубал ашып, 22. капыстан Даудга кирип келгенде, алардан коркуп кетти. Коркпогун дешти алар, биз бири-бирине зулумдук кылган талашуучулар болобуз. Биздин ортобузда акыйкат менен өкүм кыл. Зулумдук кылба. Жана бизди Туура Жолго башта.

165


23. Бул менин өз бурадарым, анын токсон тогуз солук койу бар. Менин койум бирөө гана. Алан бул - Муну да мага бер - деп жана сөздө мени жеӉип алды. 24. Сенин коюӊду сурап алуу менен сага зулум кылыптыр! Нечендеген достор бири-бирине зулум кылышат. Бир гана ыйман келтирип, салих амал кылгандар. Алар өтө сейрек деди. Жана Дауд Биз аны сынап жатканыбызды билип калды дагы Раббисинен кечирим сурап, руку, тооба кылган абалда боюн жерге таштады. 25. Биз ал үчүн бул ишти кечирдик. Чынында Биздин алдыбызда ага ынактык жакындык жана жакшы акыбет бар. 26. О, Дауд! Биз сени жер бетинде халифа орун басар кылдык. Эми адамдар арасында акыйкаттык менен өкүм жүргүз. Жана напсиӉдин каалоолоруна ээрчибе - Аллахтын жолунан адаштырып жиберет. Ал эми, Аллахтын жолунан адашкандарга унуткарды себептүү Эсеп Күнүндө катуу азап бар.

БИБЛИЯ “ДӨӨТ ЖАНА БАТ-ШЕБА” 2-ШЕМУЕЛ БӨЛҮМ 11 1 Бир жылдан кийин, падышалар жортуулга чыкчу учурда Дөөт Жойапты өзүнүн кулдары жана бардык ысрайылдыктар менен жөнөттү. Алар амондуктарды талкалап, Рабени курчап алышты. Дөөт болсо Иерусалимде калган. 2 Бир күнү Дөөт кечке жуук төшөгүнөн туруп, падыша сарайынын чатырында ары-бери басып жүрүп, сууга түшүп жаткан бир аялды көрдү. Ал аял абдан сулуу эле. 3 Дөөт анын кайсы аял экенин билүүгө киши жиберди. Ага: «Ал – Элиямдын кызы, хеттик Урийдин аялы Бат-Шеба», – деп айтышты. 166


4 Дөөт аялды алып келүүгө кулдарын жиберди. Аял ага келди, ал аны менен жатты. (Аял өзүнүн таза эместигинен тазаланды). Анан ал үйүнө кайтты. 5 Аялдын боюна бүттү. Ал Дөөткө киши жиберип: «Менин боюмда бар», – деп айттырды. 6 Дөөт Жойапка киши жиберип: «Хеттик Урийди мага жибер», – деп айттырды. Жойап Урийди Дөөткө жиберди. 7 Урий келгенде, Дөөт андан Жойаптын, элдин абалы жана согуштун жүрүшү тууралуу сурады. 8 Анан Дөөт Урийге: «Yйүңө барып, бутуңду жуу», – деди. Урий падышанын үйүнөн чыкты, падыша анын артынан белек берип жиберди. 9 Бирок Урий өз мырзасынын кулдары менен падыша үйүнүн дарбазасынын жанында уктады, үйүнө барган жок. 10 Дөөткө: «Урий үйүнө барган жок», – деп билдиришти. Ошондо Дөөт Урийден: «Жол жүрүп келдиң. Эмне үчүн үйүңө барган жоксуң?» – деп сурады. 11 Урий Дөөткө: «Келишим сандыгы да, Ысрайыл да, Жүйүт да чатырларда болсо, Жойап мырзам, мырзамдын кулдары майдан талаасында жүрсө, мен үйүмө барып, ичип-жеп, аялым менен жатмак белем! Сенин өмүрүң менен, сенин жаның менен ант берем, андай кылбайм», – деп жооп берди. 12 Дөөт Урийге: «Бүгүн да бул жерде кал, эртең мен сени коө берем», – деди. Ошентип, ошол күнү да, эртеси күнү да Урий Иерусалимде калды. 13 Дөөт аны чакырды, Урий анын алдында ичип-жеди, Дөөт аны мас кылды. Бирок Урий кечинде мырзасынын кулдары менен өз төшөгүнө жатканы кетти, үйүнө барган жок. 14 Эртең менен Дөөт Жойапка кат жазып, аны Урийден берип жиберди. 15 Ал катка мындай деп жазган эле: «Урийди эң катуу салгылаш болуп жаткан жерге койгула, өлүмгө дуушар болушу үчүн, аны жалгыз калтыргыла, ал майданда өлсүн». 16 Ошон үчүн Жойап өзү курчап алган шаардын эр жүрөк адамдары турган жерге Урийди койду. 17 Ошол шаардын эли чыгып, Жойап менен салгылашты, Дөөттүн кулдарынан да, элден да бир нече адам курман болду. Хеттик Урий да өлдү. 18 Жойап Дөөткө согуштун жүрүшү жөнүндө толук маалымат бериш үчүн киши жөнөттү.

167


19 Чабарманга мындай буйрук кылды: «Падышага жалпы согуштун жүрүшүн айтып бүткөндө, 20 падыша ачууланып, сага: “Эмне үчүн силер шаарга ошончолук жакын барып согуштуңар? Силерди дубалдын үстүнөн атышарын билген жоксуңарбы? 21 Жеруп-Баалдын уулу Абы-Мелекти ким өлтүрдү эле? Ал Тейбесте бир аял жаргылчактын ташынын сыныгын дубалдан таштап жибергенде өлбөдү беле. Дубалга эмнеге ошончолук жакын бардыңар?” – деп айтса, сен: “Кулуң хеттик Урий да өлдү”, – де». 22 Чабарман Дөөткө келип, Жойап эмне үчүн жибергенин, согуштун жүрүшү жөнүндө толук маалымат берди. 23 Ошондо чабарман Дөөткө мындай деди: «Тигилер бизге каршы талаага чыгышты, бирок биз аларды дарбазага чейин кууп бардык. 24 Ошондо жаа тарткычтар кулдарыңа дубалдан жебе тартышты, падышанын кулдарынан кээ бирөөлөрү өлүштү. Алардын ичинен кулуң хеттик Урий да өлдү». 25 Дөөт ошондо чабарманга мындай деди: «Жойапка айт: “Мейли, бул иш үчүн сен кыйналбай эле кой, анткени кылыч бирде тигинин, бирде мунун башын кыят. Шаарга каршы согушту күчөтүп, аны кыйрат”. Сен ага ушинтип кайрат бер». 26 Урийдин аялы күйөөсү өлгөнүн угуп, күйөөсүн жоктоп ыйлады. 27 Аза күтүү убактысы бүткөндөн кийин, Дөөт киши жиберип, аны өз үйүнө алдырды. Ошентип, ал анын аялы болуп калды. Ал ага уул төрөп берди. Бирок Дөөттүн бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болчу. 2-ШЕМУЕЛ БӨЛҮМ 12 1 Теңир Натанды Дөөткө жиберди. Ал ага келип, мындай деди: «Бир шаарда эки адам болуптур, бири бай, бири кедей экен. 2 Бай адамдын абдан көп майда жандыктары, бодо малы бар экен. 3 Ал эми кедейдин сатып алган козусунан башка эч нерсеси жок эле. Ал аны багып, балдары менен бирге чоңойткон. Ал эмне жесе, козу да ошондон жеп, анын чөйчөгүнөн ичип, койнуна жатып, кызындай болуп калган.

168


4 Бай адамдыкына бир жолоочу келет. Ал өзүнүкүнө келген жолоочудан өз койлору менен өгүздөрүн аяп, кедейдин козусун алып, келген кишиге бышырып берет». 5 Дөөт ошол адамга абдан кыжырданып, Натанга мындай деди: «Теңир тирүү! Муну кылган адам өлүмгө татыктуу. 6 Ал бул кылганы үчүн, таш боордугу үчүн козунун ордун төрт эсе төлөп берсин». 7 Ошондо Натан Дөөткө мындай деди: «Ошол киши сенсиң. Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сени Ысрайылга падыша кылгам, Мен сени Шабулдун колунан куткаргам. 8 Сага мырзаңдын үйүн жана аялдарын бердим, Ысрайыл менен Жүйүт тукумун бердим, эгерде бул сага аздык кылса, анын үстүнө дагы көп нерсени кошуп берет элем. 9 Теңирдин алдында жаман иш кылып, Анын сөзүн эмнеге барк алган жоксуң? Хеттик Урийди кылыч менен өлтүрдүң, анын аялын өзүңө аял кылып алдың, аны амондуктардын кылычы менен өлтүрдүң. 10 Мени барк албаганың үчүн, Урийдин аялын алып алганың үчүн, эми сенин тукумуңдан эч качан кылыч кетпейт”». 11 Теңир мындай дейт: «Мен сага өз тукумуң жамандык кылгыдай кылам, өзүңдүн көз алдыңда аялдарыңды алып, жакыныңа берем, ал сенин аялдарың менен ачык эле жатат. 12 Сен жашыруун жасадың, ал эми Мен муну бүткүл Ысрайыл алдында ачык жасайм». 13 Ошондо Дөөт Натанга: «Мен Теңирдин алдында күнөө кылдым», – деди. Натан Дөөткө: «Теңир күнөөңдү кечирди, сен өлбөйсүң. 14 Бирок ушул ишиң менен душмандарынын Теңирди жамандоосуна себепкер болгонуң үчүн, төрөлгөн балаң өлөт», – деди. 15 Анан Натан өз үйүнө кайтты. Теңир Урийдин аялы төрөгөн Дөөттүн баласына оору жиберди, ал ооруп калды. 16 Дөөт наристе үчүн Кудайга сыйынып, орозо кармап, өзүнчө бөлүнүп, жерге жатып түн өткөрдү. 17 Жаткан жеринен тургузууга өз уруусундагы аксакалдар киришти, бирок ал тургусу келген жок, алар менен тамактанган жок. 18 Жетинчи күнгө караган күнү бала өлдү, кулдары баланын өлгөнүн Дөөткө угузуудан коркушту, анткени алар: «Бала тирүү кезинде эле, биз ага айтканбыз, бирок ал бизди укпай койгон. Эми “Бала өлдү” деп кантип айтабыз? Ал өзүнө залал келтирип коөт», – дешти. 169


19 Дөөт кулдарынын бири-бири менен шыбырашып турганын көрүп, баланын өлгөнүн түшүндү да, алардан: «Бала өлдүбү?» – деп сурады. Алар: «Ооба, өлдү», – деп жооп беришти. 20 Ошондо Дөөт жерден туруп, жуунуп, майланып, кийимин которду да, Теңирдин үйүнө барып, Теңирге таазим кылды. Yйүнө кайтып, тамак сурады. Ага тамак алып келишти, ал жеди. 21 Ошондо кулдары андан: «Бала тирүүсүндө, сен орозо кармап ыйладың, ал эми бала өлгөндөн кийин туруп тамактандың. Муну кандай түшүнсө болот?» – деп сурашты. 22 Дөөт мындай деп жооп берди: «Бала тирүүсүндө мен орозо кармап ыйладым, анткени ким билет, балким, Теңир мага ырайым кылып, бала тирүү калабы деп ойлодум. 23 Эми ал өлдү. Эмнеге орозо кармамак элем? Эми мен аны кайра алып келе алмак белем? Мен ага барам, ал болсо мага кайрылып келбейт». 24 Дөөт Бат-Шебаны сооротуп, аны менен жатты. Ал уул төрөп, атын Сулайман койду. Теңир Сулайманды сүйдү.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Дөөткө эки адам бир нерсени талашып келишти, алар падышанын кароолуна жолукпай эле, капысынан келип калышты. Алар талашкан нерсесин чечип бер дешти. 2. Дөөт аларды угуп, туура чечим чыгарды. Бирок, ал бир маалда Кудай аны сынап жатканын билип калып, бир нерсени мойнуна алды. 3. Кудай анны кечирди жана бейишти убада кылды.

БИБЛИЯДА: 1. Дөөт бир сулуу аялды (Вирсавияны) көрүп калды, ал аялдын никеси бар экенине карабастан аны менен жатты. Аял боюнда болуп калганда, Дөөт муну – ойноштук кылганын - жашырайын деди, бирок болбой калды. 170


Ойноштукту жашыруу үчүн ал киши өлтүрүүгө барды, ал Иоавга тапшырма берип ал аялдын күйөөсүн өлтүрттү. Ал күнөөнү мойнуна алган жок, тескерисинче жесир болуп калган аялды нике аркылуу аялдыкка алды. Аял кийинчерээк бала төрөдү. Мындан кийин Кудай Дөөткө Натанды жиберди. Натан атайы бир окуяны айтып берди, Дөөтү туура чечим (сот чечими) чыгар деп айтты. 2. Дөөт, ачуусу келип, киши өлтүрттү. Ошондо Натан Дөөттү эки күнөө кылганын бетине айтты. Дөөт тобо кылды, мойнуна алып, тобо кылды. 3. Кудай Дөөттү кечирди, ал тирүү турганында эле кечирди, күнөөнүн кесепетин айтып берди: “… эми сенин тукумуңдан эч качан кылыч кетпейт …, ... өзүңдүн көз алдыңда аялдарыңды алып, жакыныңа берем, ал сенин аялдарың менен ачык эле жатат …”, “… төрөлгөн балаң өлөт …”.

БӨЛҮМ 8 СУЛАЙМАН КУРАН “СУЛАЙМАНДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ” СҮРӨ 27 НАМЛ 15. Биз Дауд менен Сулайманга илим бердик. Анан алар - Аллахка мактоолор болсун! Ал Өзүнүн көп ыймандуу пенделеринен бизди пазиреттүүрөк кылды! - дешти. 16. Сулайман Дауддан мураска алды жана - О, адамдар, Бизге куштардын тили үйрөтүлдү жана бардык нерселер берилди. Бул анык пазилет - деди. 17. Жана Сулайманга жиндерден, инсандардан, куштардан турган аскерлери чогултулду жана тизилип турушту. 171


18. Алар качан гана кумурскалардын өрөөнүнө жетип келишкенде, бир кумурска - Эй, кумурскалар! УяӉарга киргиле! Сулайман менен аскерлери билбестен силерди жанчып жибербесин - деди. 19. Анын сөзүнө Сулайман жылмайып койду жана деди - О, Раббим! Мага жана ата-энеме берген нээматтарыӊа шүгүр кылууга жана Өзүӊ ыраазы боло турган иштерди аткарууга мени жөндөмдүү кыл жана салих пенделериӊдин катарында Өз Ырайымыӊдын астына киргиз! СҮРӨ 34 САБАА 12. Жана Биз Сулайманга барышы - бир айлык, келиши бир айлык шамаалды моюн сундуруп бердик. Раббисинин буйругу менен анын кол астанда иштей турган жиндерди да. Алардан кимиси Биздин амирибизден четке чыкса, ага тозок отун таттырып коебуз. 13. Алар ага каалаган ибадатканаларды, айкелдерди, оюк жер сыяктуу идиштерди, чуӉкур тереӉ казандарды жасап беришет. О, Дауддун үйбүлөөсү! Шүгүр кылгыла жана амал кылгыла! Пенделеримдин арасынан шүгүр кылуучулары өтө аз! 14. Качан Биз Сулайманды өлүмгө өкүм кылганыбызда аса-таягын жеп бүтүргөн жер жаныбары анын өлгөнүн жиндерге билдирип койду - ал жыгылып калганда гана жиндер билип калышты. Эгер алар кайыпты билгенде, кордук азабында калышпайт болчу. СҮРӨ 38 САД 36. кийин Биз ага, анын буйругу менен каалаган тарабына мээлүн жүрө турган шамаалды, 37. Бардык куруучу, деӉизге чумкуучу жин-шайтандарды, 38. Жана алардан башка жиндерди да кишенделген абалда моюн сундуруп бердик. 39. Биздин берешендигибиз ушул, сен дагы бер, бербе. Эсеп бербейсиӊ. 40. Чынында Биздин алдыбызда ал үчүн ынактык жана жакшы акыбет бар.

172


БИБЛИЯ “СУЛАЙМАНДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ” 1-ПАДЫШАЛАР БӨЛҮМ 3 3 Сулайман Теңирди сүйдү, атасы Дөөттүн осуяты боюнча жүрдү, бирок ал да бийик жерлерде курмандык чалчу, жыпар жыттуу зат түтөтчү. 4 Курмандык чалуу үчүн, падыша Гибонго кетти, анткени ал жерде чоң курмандык чалынуучу жай бар эле. Ошол курмандык чалынуучу жайда Сулайман бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан миңди чалды. 5 Гибондо, түн ичинде Сулаймандын түшүнө Теңир кирди. Кудай ага: «Сура, сага эмне берейин?» – деди. 6 Сулайман мындай деди: «Сен Өз кулуң Дөөткө, менин атама, зор ырайым көрсөттүң. Ал Сенин алдыңда туура, түз жүрүп, чынчыл болгондугу үчүн Сен ага ушул улуу ырайымды сактадың, тагына отура турган уул бердиң. Ал мына ушул күндө жүзөгө ашып отурат. 7 Кудай-Теңирим, Сен азыр кулуңду атам Дөөттүн ордуна падыша кылдың, бирок мен жашмын, көп нерсени билбейм. 8 Кулуң Өзүң тандаган элиңдин, көп сандаган элиңдин арасында турат, көптүгүнөн аларды санап чыгуу да, карап чыгуу да мүмкүн эмес. 9 Сенин элиңди башкарууга, жаман-жакшыны ажырата билүүгө Өз кулуңа акылдуу жүрөк бер, анткени Сенин көп сандуу элиңди ким башкара алат?» 10 Сулаймандын бул суранычы Теңирге жакты. 11 Кудай ага: «Сен ушуну сураганың үчүн, узун өмүрдү, байлыкты жана душмандарыңдын жанын сурабай, туура бийлик жүргүзүүгө акыл сураганың үчүн 12 Мен сенин сөзүң боюнча кылам. Мына, мен Сага акылдуу, даанышман жүрөк берип жатам, сендей адам сенден мурун да болгон эмес, сенден кийин да болбойт. 13 Мен сага сен сурабаган нерсени, байлыкты, даңкты берип жатам, андыктан өмүрүң өткөнчө, падышалар арасында сендей адам болбойт. 14 Эгерде сен атаң Дөөттөй болуп, Менин жолум менен жүрсөң, мыйзамдарым менен осуяттарымды аткарсаң, Мен сенин өмүрүңдү да узун кылам», – деди. 173


1-ПАДЫШАЛАР БӨЛҮМ 4 29 Кудай Сулайманга деңиз жээгиндеги кумдай көп акылмандык, даанышмандык, кеменгерлик берди. 30 Сулаймандын акылмандуулугу чыгыш уулдарынын бүт акылмандуулугунан жана мисирликтердин бүт акылмандуулугунан жогору эле. 31 Ал бардык адамдардан акылдуу болчу, акылы эзрахилик Эйтандан, Эйман, Калкол, Дарда, Махол уулдарынан алда канча өйдө болчу. Тегерек-четтеги бардык элдерге аты чыкты. 32 Ал үч миң накыл сөз айткан, анын бир миң беш ыры бар эле. 33 Ошондой эле дарактар жөнүндө, Лебанондогу кедр жыгачынан баштап дубалга жабышып өсүүчү иссопко чейин айткан. Жаныбарлар, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана балыктар жөнүндө айткан. 34 Сулаймандын акылмандыгы жөнүндө уккан жер үстүндөгү бардык падышачылыктардан, бардык элдерден анын акылмандуулугун угуу үчүн келип турушчу. 1-ПАДЫШАЛАР БӨЛҮМ 5 1 Тир падышасы Хирам Сулаймандын атасынын ордуна падыша болуп майланганын угуп, ага өкүлдөрүн жөнөттү, анткени Хирам Дөөттүн түбөлүк досу болгон. 13 Анан Сулайман падыша бүт Ысрайылга милдеттенме берди. Милдеттенмени аткаруучулардын саны отуз миң адам болду. 14 Аларды Лебанонго ай сайын он миңден кезек менен жөнөтүп турду. Алар бир ай Лебанондо, эки ай үйлөрүндө болуп турушту. Аларга Адонурам башчылык кылды. 15 Сулаймандын тоодо оор жүк көтөргөн жетимиш миң адамы, таш сомдогон сексен миң адамы болгон. 16 Элдин ишин көзөмөлдөө үчүн, Сулайман үч миң үч жүз башчы койгон. 17 Падыша үйдүн пайдубалы үчүн чоң, кымбат, жылмаланган таштарды ташып келүүнү буйрук кылды. 18 Аларды Сулаймандын, Хирамдын жумушчулары жана гебалдыктар сомдошкон. Алар үй курууга жыгачтар менен таштарды даярдашкан. 174


1-ПАДЫШАЛАР БӨЛҮМ 6 1 Ысрайыл уулдарынын Мисир жеринен чыкканына төрт жүз сексен жыл болгондо, Сулаймандын Ысрайылга падыша болгонуна төрт жыл болгондо, Зуп айында, экинчи айда ал Теңирге арнап ийбадаткана кура баштады. 14 Сулайман ийбадаткананы куруп бүттү. 37 Ал төртүнчү жылдын Зуп айында Теңирдин ийбадатканасынын пайдубалын койгон. 38 Ал эми он биринчи жылдын Бул айында – сегизинчи айда ийбадаткананы жана ага тиешелүү бардык нерселерди долбоор боюнча бүтүрдү. Аны жети жыл курду. 1-ПАДЫШАЛАР БӨЛҮМ 7 1 Ал эми өз үйүн Сулайман он үч жылда куруп бүтүрдү. 13 Сулайман падыша Тирге киши жиберип, Хурамды чакыртты. 14 Ал Напталы уруусундагы жесир аялдын уулу эле. Анын атасы тирлик зергер болгон. Ал жезден ар кандай нерселерди жасаган жөндөмдүү, чебер уста эле. Ал Сулайман падышага келип, анын ар кандай жумуштарын кылды. 1-ПАДЫШАЛАР БӨЛҮМ 8 1 Ошондо Сулайман падыша Ысрайылдын аксакалдарын, уруу башчыларын, үй-бүлө башчыларын Иерусалимге чакырды, анткени Дөөттүн шаарынан, атап айтканда, Сиондон Теңирдин келишим сандыгын алып келүү керек эле. 10 Ыйык кызмат кылуучулар ыйык жайдан чыкканда, булут каптап, Теңирдин үйүн толтурду. 11 Булут каптап тургандыктан, ыйык кызмат кылуучулар кызмат кыла алышкан жок, анткени Теңирдин даңкы Теңирдин ийбадатканасын толтуруп турган эле. 12 Ошондо Сулайман: «Теңир Өзүнүн караңгылыкта жашоону кааларын айткан. 13 Сен түбөлүк жашашың үчүн, Сага ийбадаткана тургуздум», – деди.

175


КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Кудай Сулайманга бардык куштардын тилин түшүнүү жөндөмүн берди. Кумурскалар Сулайманды бетинен таанышчу, ысрайылдыктарды башка элдерден айырмалай алышчу. Уюгунун жанынан Сулайман өтсө, ошондо да кумурскалар аны таанышчу. 2. Жиндер жана куштар Сулайманга кызмат кылышчу. Шамаал да анын тилин укчу. 3. Сулайман өлгөндө жиндер муну билбей калышкан, анын денесин көрүшсө дагы ага кызмат кыла беришти. Балким Сулайман өлгөн кезде алар ибадаткананын куруусун аяктап калышкан. Эгер алар анын өлгөнүн билип калышса, анда алар курулушту аяктабай, иштебей кетип калышмак.

БИБЛИЯДА: 1. Кудай Сулайманды эӊ акылман адам кылган, бирок, ал шумдуктуудай, сыйкырдуу (сверхүестестванными способносиями) жөндөмдүүлүктөргө ээ эмес болчу. Ал жаныбарлардын тилин билген эмес (курт-кумурскалар өзүлөрү эле Курандагыдай болуп логикалык жактан сүйлөшө алышпайт, бир гана Кудайдын катышуусу болсо ошондой болушу мүмкүн) 2. Сулаймандын ибадатканасын курууда биз ысрайылдык жана ливандык куруучулардын санын биле алабыз. Библиянын башка китептеринде да, бул жерде да жиндер жана куштар кызмат кылды дегени жок. Шамаалга буйрук берген бир гана Ыйса болгон, Сулайман эмес (ЛУКА 8:22-25). 3. Библияда ибадаткана канча жылда курулуп бүткөнү так жазылган. Сулайман падыша болгондон кийин 4 жылдан кийин курулушту баштаган, 176


11чи жылында аяктаган. Жети жылда курулуш аяктаган, ал өлөрүнөн мурда, эбак эле.

КУРАН “СУЛАЙМАН ЖАНА ШЕБАЛЫК ХАНЫША” СҮРӨ 27 НАМЛ 20. куштарды кароодон өткөрдү жана - Мага эмне болгон, үпүптү көрбөй жатамын? Же ал кайып болуп кеттиби? 21. Мен аны катуу азап менен жазалаймын, же союп жиберем, же болбосо мага анык ишенимдүү далилин алып келет - деди 22. Көп турбай жана ошол замат деди - Мен сен билбеген нерсени билип келдим. Мен сага Сабаа элинен анык кабар алып келдим. 23. Мен аларга бийлик кылган аялды таптым. Ага ар бир нерселер берилиптир. Жана анын улук тактысы да бар экен. 24. Мен ал аял менен анын коомун, Аллахты коюп, Күнгө табынып жатканын көрдүм. Шайтан аларга амалдарын кооздоп көргөзүп Жолдон тосуп коюптур. Алар адашып кетишкен го. 25. Аллахтын Өзүнө сажда кылышса болбойт беле? Ал асмандардагы жана жердеги жашыруун нерселерди чыгарган жана силер жашырган же жарыя кылган нерселерди билет. 26. Аллах бир Өзүнөн башка эч бир кудай жок! Улук Арштын Раббиси! 27. деди - Чын сүйлөдүӉбү же жалганчылардан болдуӉбу, азыр эле байкап көрөбүз. 28. Менин мына бул катымды алып жөнөгүн. Аларга алпарып таштагын дагы, өзүӊ ыраак болуп, аӊдып тур - эмне жооп айтышаар экен. 29. деди - О, ойондорум, мага бир улук кат келиптир. 30. Сулаймандан экен. Анда Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын ысымы менен. 177


31. өзүӉөрдү менден бийик сезбей, моюн сунган абалда мага келүүӉөрдү. 32. айтты - Кана, ойондор, мага ишимде кеӊеш бергиле. Качан силер күбөлүк бермейинче мен эч кандай чечим чыгарбайм. 33. айтышты - Биз Кудуреттүү жана күчтүү кошуун ээсибиз. Бирок, ыктыяр өзүӊүздө. Эмне буйрук чыгарууну өзүӊүз карап көрүӊүз. 34. Айтты - Чынында падышалар бир айыл шаарга басып кирсе, анын ойронун чыгарып, кадырлуу элин кор кылышат. Дал ушундай кылышат. 35. А мен болсо аларга белектер жиберемин. Көрөйүнчү, элчилер кандай кабар менен кайтаар экен 36. Сулайманга келгенде, ал - Силер мага мал-дүйнө менен жардам берейин дедиӉерби ыя? Аллах берген нерселер силер алып келгендерден абзел. Белек-бечкегиӉер менен өзүӉөр сүйүнө бергиле. 37. аларга кайтып жөнөгүн. Эми Биз алардын үстүнө туруштук бере албай турган аскер менен барып, моюн сунган, кордолгон абалда журтунан сүрүп чыгарабыз. 38. айтты: О, аскерлерим! КимиӉер мага анын тактысын, өзү моюн сунган абалда келгенге чейин жеткирип келе аласыӉар? 39. Жиндерден Ифрийт деген бирөөсү - Мен аны сен ушул мажлисиӉден турганга чейин алып келе аламын жана ушуга мен кудуреттүү, ишенимдүүмүн - деди. 40. Ал эми, анын алдындагы китепти билген бир адам - Мен аны көзүӊдү жумуп ачканга чейин эле, келтире аламын - деди. Тактыны өз алдына орношуп калганын көргөндө - Бул Раббимдин мени, шүгүр кыламынбы же күгүрсүз боломунбу, сынаш үчүн мага берген пазилети. Ким шүгүр кылса өзүнө пайда. Ал эми, ким каапыр болсо, Раббим Беймуктаж жана Улук! -деди. 41. айтты: Анын тактысын өзгөртүп койгула. Көрөбүз, ал тааныйбы же тааныбагандардан болобу? 42. жетип келгенде - Сенин тактыӉ ушундай беле? - деп суралды. Дал өзү го -деди ал. Бизге мындан мунун илим берилген жана биз мусулмандардан болдук. 43. Ал эми, канышаны болсо, өздөрү ибадат кылган, Аллахтан башка кудайлары тосуп турган. Ал каапыр коомдордон эле. 44. Сарайга кириӉиз деп айтылды. Сарайды көргөндө, аны суу деп ойлоп, буттарын чечти эле, - Бул тегизделген жылмакай хрусталдардан жасалган сарай - деди. О, Раббим! Мен өз жаныма зулум кылып жүргөн 178


экенмин. Мен Сулайман менен бирге ааламдардын Раббисине моюн сундум! - деди.

БИБЛИЯ “СУЛАЙМАН ЖАНА ШЕБАЛЫК ХАНЫША” 1-ПАДЫШАЛАР БӨЛҮМ 10 1 Теңирдин ысымын даңктаган Сулаймандын даңкы жөнүндө уккан шебалык падыша аял аны табышмак айтып сынаганы келди. 2 Ал Иерусалимге өтө көп байлык менен келди. Төөлөрүнө жыпар жыттуу заттарды, көп сандаган алтындарды, асыл таштарды жүктөп алган эле. Ал Сулайманга келип, жүрөгүндөгү бардык нерсе жөнүндө аны менен сүйлөштү. 3 Сулайман анын бардык суроолоруна жооп берди. Падыша билбеген, жооп бере албаган бир да суроо болгон жок. 4 Шебалык падыша аял Сулаймандын акылмандуулугун жана анын курган үйүн, 5 анын дасторконундагы тамак-ашын, кулдарынын турак-жайын, анын кызматчыларынын кызматын, алардын кийимдерин, анын шарап сунуучуларын, Теңирдин ийбадатканасында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалганын көрдү. Таң калганын жашыра албай, падышага мындай деди: 6 «Өз жеримде сенин иштериң менен акылмандуулугуң жөнүндө уккандарым чындык экен. 7 Бирок келип, өз көзүм менен көрмөйүнчө, айтылган сөздөргө ишенген эмес элем. Мага жарымы да айтылбаптыр. Сен мен уккандан да акылдуу экенсиң, байлыгың мен уккандан да көп экен. 8 Дайыма сенин алдыңда туруп, акылмандуулугуңду уккан элиң да, кызматчыларың да бактылуу! 179


9 Сени Ысрайылдын тагына отургузуп, сага ырайым кылган Кудай-Теңириңе даңк! Теңир Ысрайылды түбөлүктүү сүйүү менен сүйгөндүктөн, адилет жана туура сот жүргүзсүн деп, сени падыша коюптур». 10 Ал падышага жүз жыйырма талант алтын, өтө көп жыпар жыттуу зат жана асыл таш белек кылды. Сулайман падышага шебалык падыша аял тартуу кылганчалык көп жыпар жыттуу зат эч качан келген эмес. 11 Опирден алтын ташыган Хирамдын кемеси менен Опирден өтө көп кызыл жыгач жана асыл таштарды алып келишти. 12 Ошол кызыл жыгачтардан падыша Теңирдин ийбадатканасынын, падыша сарайынын тепкичтери үчүн тосмолорду, ырчылар үчүн гуслилер менен арфаларды жасатты. Мынчалык көп кызыл жыгач буга чейин эч качан келген эмес, мындайды ушул күнгө чейин эч ким көргөн эмес. 13 Сулайман падыша шебалык падыша аялга өз колу менен берген белектеринен тышкары анын каалаганынын жана сураганынын баарын берди. Анан ал кулдары менен өз жерине кайтты.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Сулайман Шебалык ханыша тууралуу үпүп куштан укту, ал куш менен жай отуруп баарлашты, бул жерде үпүп аябагандай акылдуу болуп берилди. 2. Ханыша Сулайманга белектерди тартуу кылганда ал кабыл албай, согуш жарыялайм деп коркутту. 3. Сулайман жиндерге ханышаны алып келүүнү буюрду, алар көз ачып жумгуча ханышаны алып келишти. Ханыша өз тактысын тааный алар бекен деп Сулайман анын тактысын өзгөртүп коюуну буюрду. Ханыша өз тактысын тааныды. 4. Шеба ханышасы Иерусалимге келгенде, ибадатканага кирип келе жатып этегин өйдө көтөрүп ийди, ал жердегилердин бары анын буттарын көрүп калышты, ибадаткананын баса турган жери ушунчалык жылмакай-тунук 180


жасалгандыктан, ханыша аны суу деп ойлоп алган эле, ошондо ал Кудайды даӊктап анан мусулман болуп калды делет.

БИБЛИЯДА: 1. Шеба ханышасы Сулаймандын акылмандыгын угуп, аны сыноону каалады. 2. Ханыша-“… Ал падышага жүз жыйырма талант алтын, өтө көп жыпар жыттуу зат жана асыл таш белек кылды;… Сулайман падыша шебалык падыша аялга өз колу менен берген белектеринен тышкары анын каалаганынын жана сураганынын баарын берди...” 3. Сулайман ханышаны сынаган эмес, тескерисинче: “… Ал Сулайманга келип, жүрөгүндөгү бардык нерсе жөнүндө аны менен сүйлөштү … Сулайман анын бардык суроолоруна жооп берди. Падыша билбеген, жооп бере албаган бир да суроо болгон жок ”. 4. Шеба ханышасы ибадаткананы, ал жердеги тартипти, кызматты көргөндөн кийин Кудайды даӊктады.

БӨЛҮМ 9 ЖУНУС КУРАН “ЖУНУСТУН ОКУЯСЫ” СҮРӨ 37 САФФАТ 139. Чынында Юнус дагы элчи-пайгамбарлардын бири. 140. Бир кезде ал качып чыгып, толуп калган кемеге отурду. 141. Анан чучукулак тартышты эле, ал жеӊилгендерден болуп калды. 181


142. Анан ал жемеленип турганда чоӊ балык жутуп жиберди 143. Эгер ал тасбих айтуучулардан болбогондо 144. Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек 145. Анан аны жалаӊ жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калглан эле 146. Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп койдук. 147. Юнусту жүз миӉ же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек. 148. Анан алар ыйман келтиришти. Биз аларды мөөнөткө чейин пайдаланттырдык.

БИБЛИЯ “ЖУНУСТУН ОКУЯСЫ” ЖУНУС БӨЛҮМ 1 1 Амитай уулу Жунуска Теңирден мындай сөз болду: 2 «Тур, улуу шаар Нинебиге барып, ошол шаар жөнүндө пайгамбарчылык кыл, анткени анын мыйзамсыз иштери Мага жетти». 3 Ошондо Жунус Теңирдин жүзүнөн Таршышка качып кетмекчи болду. Ал туруп, Жапага келди да, Таршышка жөнөп жаткан бир кемени таап, жол акысын төлөдү. Теңирдин жүзүнөн качып, Таршышка алар менен бирге кетиш үчүн, кемеге түштү. 4 Бирок Теңир деңизге катуу шамал жөнөттү, ошондо деңизде катуу бороон башталып, кеме талкалана турган болду. 6 Ошондо кеме башчысы ага келип: «Сен эмне уктап жатасың? Тур, өз Кудайыңды чакыр, балким, Кудай бизди эске алып, өлбөй каларбыз», – деди. 7 Анан алар бири-бирине: «Жүргүлө, өкчөмө таш ыргытып, кимдин айынан ушул кырсыкка кабылып жатканыбызды билели», – дешти. Өкчөмө таш ыргытышты, ал Жунуска түштү. 11 Анан алар андан: «Деңиз тынчыш үчүн, биз сени эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Анткени толкун күчөп бара жаткан эле.

182


12 Жунус аларга мындай деди: «Мени алып, деңизге ыргыткыла. Ошондо деңиз тынчыйт, анткени бул катуу бороон менин айымдан болуп жатканын билем». 1 Теңир бир чоң балыкка Жунусту жутуп алууну буйрук кылды. Жунус ал чоң балыктын ичинде үч күн, үч түн болду (БӨЛҮМ 2) ЖУНУС БӨЛҮМ 2 2 Жунус чоң балыктын ичинен өз Кудай-Теңирине сыйынды. 3 Ал мындай деди: «Кайгы тартканымда, Теңирди чакырдым, ошондо Ал мага жооп берди. Мен өлгөндөр жаткан жайдын ичинен ыйладым, ошондо Сен менин үнүмдү уктуң. 4 Сен мени деңиздин тереңине, деңиздин ортосуна ыргыттың, мени суу курчады, Сенин бүт иримдериң менен толкундарың менин үстүмдөн өттү. 5 Ошондо мен: “Сенин көз алдыңдан четке кагылдым, бирок Сенин ыйык үйүңдү мен кайрадан көрөм”, – дедим. 10 Мен болсо Сага ыраазычылык билдирип, ооз курмандыгын алып келем. Эмнени убада кылсам, аткарам. Куткарылуу Теңирде!» 11 Ошондо Теңир чоң балыкка буйрук кылды, ал Жунусту кургактыкка бүркүп чыгарды. ЖУНУС БӨЛҮМ 3 1 Анан Жунуска Теңирден экинчи жолу сөз болду: 2 «Тур, улуу шаар Нинебиге бар, Мен сага эмнени буйрусам, ошонун баарын ошол шаарда жарыяла». 3 Ошондо Жунус туруп, Теңирдин сөзү боюнча Нинебиге жөнөдү. Нинеби Кудайдын улуу шаары эле, анын башынан аягына чейин жөө басканда үч күндүк жол эле. 4 Жунус шаарды аралап, бир күндө канча жол басууга мүмкүн болсо, ошончо жол басып: «Кырк күндөн кийин Нинеби талкаланат», – деп жар салды. 5 Ошондо нинебиликтер Кудайга ишенип калышты, орозо жарыялашты, кичинесинен чоңуна чейин зумбал кийишти. 10 Ошондо Кудай алардын иштерин, жаман жолдорунан бурулганын көрүп, аларга алаамат түшүрөм деп айткан сөзүнө өкүнүп, алаамат түшүргөн жок. ЖУНУС 183


БӨЛҮМ 4 1 Жунус буга абдан капа болуп туталанды. 2 Ал Теңирге сыйынып, мындай деди: «Оо Теңир! Мен өз өлкөмдө экенде эле ушундай болот деп айтпадым беле? Ошон үчүн мен Таршышка качып кеткем, анткени Сенин жакшы, боорукер, абдан чыдамдуу, абдан ырайымдуу Кудай экениңди жана алаамат үчүн өкүнөрүңдү билгем. 3 Теңир, эми менин жанымды ал, анткени жашагандан көрө, өлгөнүм артык». 4 Ошондо Теңир: «Чыны менен эле, бул сени ушунчалык капаланттыбы?» – деди. 5 Жунус шаардан чыгып, анын чыгыш тарабындагы бир жерге алачык жасады да, шаар эмне болорун көрүш үчүн, ошол алачыктын алдында, көлөкөдө отурду. 6 Кудай-Теңир бир өсүмдүк өстүрдү. Жунусту кайгыдан куткарыш үчүн, анын башына көлөкө болуш үчүн, ал өсүмдүк жогору көтөрүлдү. Жунус ал өсүмдүккө абдан кубанды. 7 Бирок эртеси таң атканда, Кудай бир курт чыгарды. Курт өсүмдүктүн тамырын жеп салды, өсүмдүк куурап калды. 8 Күн чыкканда Кудай аптаптуу чыгыш шамалын жиберди. Күн Жунустун башын куйкалай баштады, ошондо ал алсырап, өзүнө өлүм тилеп: «Жашагандан көрө, өлгөнүм артык», – деди. 9 Кудай Жунустан: «Чыны менен эле, сен бул өсүмдүк үчүн ушунчалык капа болдуңбу?» – деп сурады. «Ооба, мен аябай капа болдум», – деди ал. 10 Ошондо Теңир мындай деди: «Сен өзүң мээнет кылып өстүрбөгөн, бир түндө өсүп, бир түндө соолуп калган өсүмдүк үчүн өкүнүп жатасың. 11 Анан Мен кантип оң колун сол колунан ажырата албаган жүз жыйырма миңден ашык адамы, көп сандаган малы бар улуу шаар Нинебини аябайын?»

184


КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Бул жерде Жунустун окуясы абдан эле кыскартылып калган. Ал эмнегедир кемеге качып кетти, чучукулак тартты, соттолду, чоӊ балык жутуп алды, даӊктоо кылды, куткарылды. 2. Кыязы, Жунусту чоӊ балык жээке бүркүп салганда ал ооруп калат, анан Кудай аны далдалап бак өстүрдү, анан ал миӊдеген адамдарга пайгамбарчылык кылды, алар Кудайга ишенип калышты.

БИБЛИЯДА: 1. Кудай Жунусту Ниневия шаарына так миссия (максат) менен жиберген. Ал эми ал болсо бул тапшырманы аткарбай кемеге түшүп Фарсиске качат. Жунус Кудайдын тапшырмасын аткарышы үчүн Ал чоӊ шамаал жиберди. Чучукулак Жунуска түшкөндөн кийин ал борон-чапкындын себепкери экенин айтып, деӊизге ыргытыла мени деп суранды. Жунусту чоӊ балык жутуп алды, ал тобо кылды, ошондо ал жээке чыгарылды. 2. Жунус Ниневия элине келип эгер күнөөлөрүн мойнуна алып, тобо кылышпаса, Кудайдын зор жазасы келээрин айтты. Бирок Жунус ичинен бул элдин кырылуусун, жок болуусун каалап турду. Шаардын четинде бир дөбөгө чыгып алып, качан Кудайдын каары шаарды талкалайт деп күтүп отурду. Ал жерде Жунус көпкө отурду, күн ачуу тийип турду, ошондо Кудай ага боору ооруп, аны көлөкө менен далдалап бир өсүмдүк өстүрүп койду. Бир аздан кийин Кудай бир куртту жиберди, ал курт өсүмдүктү жеп салды, ошондо Жунус аябай капа болду. Мына ошондо Кудай Жунуска бул элдин баркын айтты, бул өсүмдүккө караганда, эл маанилүү.

БӨЛҮМ 10 185


ЖЕЗЕКИЕЛ КУРАН “ЖЕЗЕКИЕЛ ЖАНА СӨӨКТӨР” СҮРӨ 2 БАКАРА 259. Же болбосо пайдубалдарына чейин ойрон болгон айылдан өткөн киши сыяктуу. Ал киши - Аллах ушуну өлгөндөн соӉ кантип тирилте алат? деди. Аллах анан өзүн жүз жылга өлтүрүп койду да, кийин кайра тирилтип - Канча убак жаттыӉ? -деди. Бир күн же бир күндөн бир аз бөлүгүнчөлүк деп жооп берди. Айтты - Жок, жүз жыл жаттыӊ, Тамак ашыӊды, суусундуктарыӊды карачы - бузулган эмес. Жана эшегиӊе да кара. Биз сени адамдарга аян-белги кылуу үчүн кылдык. Жана сөөктөргө кара - Биз аларды кантип чогултуп, кийин аларга эт каптайбыз. Анан бардыгы ага анык билингенде - Мен эми Аллахтын ар кандай нерсеге Кудуреттүү экенин билемин! - деди.

БИБЛИЯ “ЖЕЗЕКИЕЛ ЖАНА СӨӨКТӨР” ЖЕЗЕКИЕЛ БӨЛҮМ 37 1 Теңирдин колу менин үстүмдө эле, Теңир мени руху менен алып чыгып, талаанын ортосуна койду, ал талаа сөөккө толгон эле. 2 Ал мени алардын үстүнөн, алардын жанынан тегерете алып өттү. Талаанын бетинде сөөк өтө көп экен, алар абдан кургак экен. 3 Анан Ал мага: «Адам уулу! Бул сөөктөр тирилеби?» – деди. Мен Ага: «Кудай-Теңир! Аны Сен билесиң», – дедим. 4 Ал мага: «Бул сөөктөргө мындай деп пайгамбарчылык кыл: “Кургак сөөктөр! Теңирдин сөзүн уккула!” 186


5 Бул сөөктөргө Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силерге рух киргизем, ошондо силер тирилесиңер. 6 Силерге тарамыш берем, силердин үстүңөргө эт өстүрөм, силерди тери менен каптайм, силердин ичиңерге рух киргизем, ошондо тирилесиңер жана Менин Теңир экенимди билесиңер”». 7 Мага кандай буйрулса, мен ошондой пайгамбарчылык кылдым. Мен пайгамбарчылык кылып жатканда, бир дабыш чыкты, сөөктөр кыймылга келип, бири-бирине жакындай баштады, сөөктөр өзүнүн сөөгүнө жакындай баштады. 8 Мен алардын үстүндөгү тарамыштарды көрдүм, аларга эт бүттү, алардын үстүн тери каптады, бирок алардын ичинде рух жок эле. 9 Ошондо Ал мага: «Адам уулу, рухка пайгамбарчылык кыл, ага мындай деп пайгамбарчылык кыл: Кудай-Теңир мындай дейт: “Рух, төрт тараптан кел, өлтүрүлгөн ушул адамдардын үстүнө үйлө, ошондо алар тирилишет”», – деди. 10 Ал мага кандай буйруса, мен ошондой пайгамбарчылык кылдым, ошондо алардын ичине рух кирди, алар тирилип, буттарына турушту, алар өтө чоң, сан жеткис аскерлер эле. 11 Теңир мага мындай деди: «Адам уулу! Бул сөөктөр – бүт Ысрайыл. Алар: “Биздин сөөгүбүз куурап калды, үмүтүбүз жок болду, биз түптамырыбыз менен жулундук”, – деп жатышат. 12 Ошондуктан пайгамбарчылык кылып, аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мына, Мен силердин мүрзөлөрүңөрдү ачып, мүрзөлөрүңөрдөн алып чыгам, Менин элим. Анан силерди Ысрайыл жерине алып келем. 13 Мүрзөлөрүңөрдү ачып, силерди мүрзөлөрүңөрдөн алып чыкканда, Менин элим, Менин Теңир экенимди билесиңер. 14 Силердин ичиңерге Өзүмдүн рухумду салам, ошондо силер тирилесиңер, анан силерди өз жериңерге жайгаштырам, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер, айтканымды кылам», – дейт Кудай-Теңир. 15 Анан мага Теңирден сөз болду: 16 «Адам уулу, сен өзүңө бир таяк алып, ага: “Жүйүт жана ага бириккен Ысрайыл уулдары”, – деп жаз. Дагы бир таяк алып, ага: “Жусуп”, – деп жаз. Бул – Эпрайымдын жана ага бириккен бүт Ысрайылдын таягы. 17 Анан ал эки таякты бири-бирине бириктир, алар сенин колуңда бир таяк болсун. 18 Элиңдин уулдары сенден: “Колуңдагы эмне экенин бизге түшүндүрүп бересиңби?” – деп сурашса, 187


19 аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Жусуптун таягын – Эпрайымдын колундагы жана ага кошулган Ысрайыл урууларынын колундагы таякты алып, аны Жүйүттүн таягына кошом, аларды бир таяк кылам, алар Менин колумда бир таяк болот”. 20 Сен жазган эки таяк тең алардын көз алдында сенин колуңда болот. 21 Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Ысрайыл уулдарын, алар кайсы элдердин арасында жашап жатышса, ошол элдердин арасынан алып чыгам, аларды ар тараптан жыйнап, өз жерине алып келем. 22 Ушул жерде, Ысрайыл тоолорунун үстүндө Мен аларды бир эл кылам, алардын баарынын үстүнөн бир Падыша падышачылык кылат, алар мындан ары эки эл болбойт, мындан ары эки падышачылыкка бөлүнбөйт. 23 Мындан ары алар өздөрүн жасалма кудайлары менен, жийиркеничтери менен, кылмыштары менен булгашпайт, аларды кайсы жерлерде күнөө кылып жашашса, ошол жерлерден алып чыгам. Аларды тазалайм, ошондо алар Менин элим болушат, Мен алардын Кудайы болом. 24 Менин кулум Дөөт болсо алардын үстүнөн Падыша болот, алардын баарына кайтаруучу болот, ошондо алар Менин мыйзамдарым менен жүрүшөт, Менин буйруктарымды сакташат жана аткарышат. 25 Алар Өз кулум Жакыпка берген жерде, өздөрүнүн ата-бабалары жашаган жерде жашашат. Алар өздөрү, алардын балдары жана алардын балдарынын балдары ошол жерде түбөлүккө жашашат. Менин кулум Дөөт түбөлүккө алардын төрөсү болот. 26 Мен алар менен тынчтык келишимин түзөм, ал түбөлүк келишим болот. Аларды жайгаштырам, аларды көбөйтөм, Өзүмдүн түбөлүк ыйык жайымды алардын ортосуна тургузам. 27 Менин турак жайым алардын үстүндө болот, Мен алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат. 28 Менин ыйык жайым түбөлүккө алардын ортосунда турганда, элдер Ысрайылды ыйык кылган Теңир Мен экенимди билишет”».

188


КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Бул жактагы өлүп тирилтилген адамдын окуясы Кудай эбак өлүп калган адамдарды кайра тирилте аларын көрсөтүп турат.

БИБЛИЯДА: 1. Жезекиел пайгамбар Кудай тарабынан өлтүрүлгөн эмес, ал сөөктөргө пайгамбарчылык кылганы жиберилген алар тирилип кетишкен. Бул белги Кудайдын жөндөмдүүлүгүн эмес, Ысрайыл элинин куугунтуктан кайтып, ыйыкталып, калыптандырылып өз жерине келет дегенди билдирген, бул бардык элдерге эскертүү болгон. Дөөт падыша “…түбөлүк падыша болот…”

БӨЛҮМ 11 КУДАЙДЫН АДАМДАРЫ КУРАН “КУДАЙДЫН ӨЗ АДАМДАРЫНА МАМИЛЕСИ” 189


СҮРӨ 5 МАИДА 18. Яхудийлер менен христиандар - Биз Аллахтын балдары жана сүйүктүүлөрү болобуз - дешти. Айткын - Анда эмне үчүн Аллах силерди күнөөӉөр үчүн азаптайт? Жок, силер деле Аллах жараткан инсансыӉар. Ал Өзү каалаган пендесин кечирет жана каалаганын азапка дуушар кылат. Асмандар, Жер жана ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин мүлкү Аллахка таандык. Жана Ага гана кайтуу бар. 19. О, китеп ээлери! Мына, Пайгамбарлардан кийин бир нече замандар өтүп, силерге Биздин Пайгамбарыбыз келди. Силер Бизге не бир Бейиш кабарчысы, не бир Тозок кабарчысы келген эмес - деп айта албасыӊар үчүн. Силерге Бейиш-Тозоктон кабар берүүчү анык келди. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.

БИБЛИЯ “КУДАЙДЫН ӨЗ АДАМДАРЫНА МАМИЛЕСИ” НАКЫЛ СӨЗДӨР БӨЛҮМ 3 11 Уулум, Теңирдин жазасын четке какпа, Анын айыбыңды ачканын оор көрбө. 12 Анткени Теңир сүйгөн адамын жазалайт, ага атасы уулуна ырайым кылгандай ырайым кылат. НАКЫЛ СӨЗДӨР БӨЛҮМ 13 24 Чыбык аяган адам уулун жек көрөт, ал эми уулун сүйгөн адам аны бала чагынан жазалайт. ЖЕРЕМИЯ БӨЛҮМ 31 190


18 Эпрайымдын ыйлаган үнүн угуп жатам: “Сен мени жазаладың, мен үйрөтүлгүс букачардай жазаландым, мени бур, ошондо мен бурулам, анткени Сен менин Кудай-Теңиримсиң. 19 Сен мени бургандан кийин, өкүндүм, Сен мени эсиме келтиргенден кийин, башымды койгуладым. Мен уятка калдым, маскара болдум, анткени өз жаштыгымдын жаманаттысын көтөрдүм”. 20 Эпрайым Менин кымбат уулум эмеспи? Сүйгөн балам эмеспи? Анткени ал жөнүндө сүйлөгөндө, аны дайыма сүйүү менен эскерем. Ал үчүн менин ички дүйнөм сыздайт, ага ырайым көрсөтөм, – дейт Теңир. ЭВРЕЙЛЕРГЕ БӨЛҮМ 12 6 Анткени Теңир кимди сүйсө, ошону жазалайт. Кабыл алган ар бир уулун уруп-сабайт» деп айтылган насаатты да унутуп койдуңар. 7 Тарбияланышыңар үчүн чыдагыла, анткени Кудай силерге уулдарындай мамиле кылып жатат. Атасы жазалабаган уул барбы? 8 Уулдарынын баарын жазалайт, эгерде жазаланбасаңар, анда силер өз эмес, никесиз төрөлгөн балдарсыңар. 9 Бизди жазалаган ата-энебизди коркунуч менен урматтасак, анда жашашыбыз үчүн, рухий Атабызга андан бетер баш ийишибиз керек эмеспи? 10 Алар бизди кыска гана убакыт үчүн, өздөрү туура көргөндөй жазалашкан. Кудай болсо бизге пайдалуу болушу үчүн, Өзү ыйык болгонундай, бизди да ыйык кылыш үчүн жазалайт. АЯН БӨЛҮМ 3 19 Мен кимди сүйсөм, ошолорду ашкерелеп, жазалайм. Ошондуктан тырышчаак бол жана тобо кыл. 20 Мына, Мен эшиктин алдында туруп, эшикти чертип жатам. Ким Менин үнүмдү угуп, эшигин ачса, Мен аныкына кирип, аны менен бирге тамак ичем, ал да Мени менен бирге тамак ичет.

191


КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Кудай Ага ишенген адамдарды жазалабайт. Ал эми, Аны четке каккандарды жазалайт.

БИБЛИЯДА: 1. Кудай Ага ишенген адамдарды бир себеп менен жазалайт: күнөөлөрүнөн кайтканга, жана Аны менен жакын мамиледе болууга. Ата-эне балдарын тентек кылганда жазалаган сыяктуу.

БӨЛҮМ 12 ЫЙСА КУРАН “ТӨРӨЛҮҮСҮ ЖАНА МАРИЯМДЫН ӨМҮРҮ” СҮРӨ 3 192


ААЛИ ИМРАН 33. Албетте, Аллах Адамды, Нухту, Ибрахимдин үй-бүлөөсүн жана Имрандын урпактарын бүт ааламдардын үстүнө тандап алды. 34. Алар бир-бирөөлөрүнө жек-жаат эле. Аллах Угуучу, Билүүчү. 35. Имраныдн аялы айтты - О, Раббим! Мен ичимдеги баламды Сага назир кылдым. Менден кабыл кыл! Өзүӊ Угуучу, Билүүчүсүӊ! 36. Ал ичиндегисин төрөгөн соӊ - О, Раббим! Мен кыз төрөдүм -деди. Чынында, Аллах анын эмне төрөгөнүн жана эркек ургаачыдай эмес экенин андан жакшыраак билген. Мен ага Марям деп ысым койдум. Мен аны жана анын урпактарын ырайымыӊдан куулган шайтандан коргооӊду тилеп, Сага жалбарамын. 37. Раббиси аны жакшынакай кабыл алып, жакшынакай өстүрдү жана ага Закарияны кепил кылды. Ар качан Закария анын үстүнө - михрапка кирсе, анын алдында ырыскы турганын көрдү. Ал - О, Марям, булар сага кайдан? - деди. Ал - Аллахтын алдынан. Албетте, Аллах Өзү каалаган адамына эсепсиз ырыскы берет - деди.

АПОКРИФТИК ЖАКШЫ КАБАР ЖАКЫПТЫН ЖАКШЫ КАБАРГА КАРШЫ ЖАЗЫЛГАН КАТЫ (Жалган Жакшы Кабар) “ТӨРӨЛҮҮСҮ ЖАНА МАРИЯМДЫН ӨМҮРҮ”

193


I. Ысрайылдын он эки уруусунун ичинде бир Иоаким деген адам болгон, ал бай болгон жана курмандыкты эки эселеп берчү, ошону менен ал элине байлыгынан берген да Кудайдан ырайым тапкысы келген. IV. Ошондо анын алдына Теӊирдин периштеси келип: Анна, Анна, Теӊир сенин сыйынууӊду укту, сен кош бойлуу болуп төрөйсүӊ, сенин тукумуӊ тууралуу бардык элер айтышат - деди. Анна мындай деди: Теӊир тирүү! Эгер мен эркек же кыз төрөсөм, мен аны Теӊирге арнайм, ал Ага өмүр бою кызмат кылат. VI. Күндөн күнгө ымыркай бекемдей берди, алты ай болгондо апасы аны баса алар бекен деп жерге койду, ал кыз беш-алты кадам кылып анан апасына кайтып келди. Ошоно апасы мындай деди: Теӊир тирүү, мен сени Теӊирдин ибадатканасына киргизмейинче сен бул жерде баспайсыӊ. Ошондон кийин ал кыздын уктоочу бөлмөсүн атайы аны бакчу бөлмө кылып жасашты, ал жерге таза эмес эч нерсени алып кирдирчү эмес, Анна иудейлик жеткилеӉ кыздарды багуу үчүн жалдады. VIII. Алардын кызы артына кайткан жок, ошондо анын ата-энеси буга таӊ калышты жана Теӊирди даӊташты. Мария ТеӉирдин ибадатканасында болду, ал тамакты көгүчкөн сыяктуу периштенин колунан алып турду.

ЖАЛГАН-МАТАЙДЫН ЖАКШЫ КАБАРЫ “ТӨРӨЛҮҮСҮ ЖАНА МАРИЯМДЫН ӨМҮРҮ” CHAP. 1 Иерусалимде Жүйүт уруусунан Иоаким деген бир Кудайдан корккон адам болгон, ал койчу болчу. Ал кой багуу менен жан бакчу, курмандыктарды эки эсе көп төлөчү. Анда болгон мал-мүлкүн үч бөлүккө бөлүп, аныны бир бөлүгүн жетим-жесирлерге, экинчисин - ыйык кызмат 194


кылуучуларга, ал эми үчүнчү бөлүгүн өзү алчу. Кудай анын малын абдан көбөйтүп берди, ал сыяктуу малы көп Ысрайылда болгон эмес. CHAP. 3 Ошол убакта Иоаким мал кайтарып жүргөндө анын жанына бир жаз улан келип: сен эмнеге аялыӊа кайтып барбай жатасыӊ? Иоаким айтты: мен жыйырма жыл бою балалуу боло албай койдум, Кудай ушундай каалады, мен уят менен ибадатканадан куулдум, мен эми эмнеге аялыма кайтышым керек? Мен чогулткан мүлкүмдү башка адамдарды жиберип муктаж болгондорго, ыйык кызмат кылуучуларга таратып берем. Иоаким буларды айткандан кийин, жаш улан: мен Кудайдын периштесимин, мен сенин аялыӊа баргам, сен кетип калгандыктан ал ыйлап-сыйынып жатканда мен аны соороттум. Билип ал, сенин аялыӉ Кыз төрөйт, ал кыз ибадатканада болот, Ыйык Рух ага түшөт, жана анын батасы бардык ыйык аялдарда болот; анткени ага чейин да, андан кийин да андай аял болбойт, анын уругу баталуу болот, ал өзү баталуу болот жана түбөлүк берекенин Энеси болуп калат. Эми тоодон түш, аялыӊа кайтып бар, Теӊирге ыраазычылык келтиргиле. Жана Иоаким барсамбы-барбасамбы деп ойлонуп жатканда, ал уктап калды. Ошондо түш көрдү: жанагы периште кайра ага айтты - аялыӉа бар, мен сенин сактоочуӉмун, Аннага бар, анткени силердин жакшы иштериӉер Кудайга жетти, силер урпактуу болосуӉар, андай пайгамбарлардын арасында да, ыйыктардын арасында да болгон эмес, болбойт дагы. Иоаким ойгонгондо жанындагы койчуларына түшүн айтып берди, алар Теӊирге таазим кылышты да: Кудайдын периштеси айткан нерсеге каршы болбо, айткандай кыл - дешти. CHAP. 6 Элдин баары Марияга таӊ калышчу, анткени ал үч жашта болсо да бой жеткен адамдай алып жүрчү өзүн, ал басса-турса да ТеӉирди даӉтап жүрчү, ал көп сыйынчу, анын жүзү нурданып жаркырап турчу, аны тике карай алышчу эмес, ал эӉ жакшы уз-өнөрү бар болчу, чоӉ аялдар токуй албаган нерсени аларгы үйрөтө алчу, таӉ заардан баштап үчнчү саатка чейин сыйынчу, ал эми үчүнчү саатан баштап уз-кол өнөрчүлүк кылчу. Тогузунчу саатан кийин ал сыйынуусун токтотчу, анткени ага ТеӉирдин периштеси келип колу менен тамак берчү, ТеӉирдин сүйүүсү ал кызда андан да жеткилеӉ болуу үчүн. Ал башка кыздардан айырмаланып Кудайга жакшы кызмат кылчу, Кудайдын мыйзамдарын жакшы билчү, момун болчу, Забурларды жакшы ырдачу, ырайымдуу, кайрымдуу, акыл-эстүү, жакшылык кылуу; эч ким анын оозунан 195


жаман сөз укчу эмес, ачуу сөз чыкчу эмес, дайыма чындык сөзүн сүйлөчү, дайыма сыйынуучу болчу, Кудай сөзүн изилдөөчү, досторуна кам көрчү, катуу күчлү эмес, текебер эмес, ата-энесине жакшы мамиле кылчу, тынымсыз Кудайды даӊктачу. Ага салам айткандарга: ТеӉирге алкыш деп жооп берчү. Ушул адат башкаларга да салт катары отүп кетти саламдашууда - ТеӉирге алкыш - деген жооп. Ал күн сайын периште тарабынан тамактандырылып турчу, ага ыйык кызмат кылуучулар берген тамакты ал жакырларга таратып берчү, кээде периштелер да аны менен баарлашып ага (кызга) баш ийээр эле. Оорулуу адамдар ал кызга тийсе эле айыгп калышчу.

КУТКАРУУЧУНУН БАЛА ЧАГЫ ТУУРАЛУУ АРАБ ЖАКШЫ КАБАРЫ “ТӨРӨЛҮҮСҮ ЖАНА МАРИЯМДЫН ӨМҮРҮ” 3 Мына, кеч киргенден кийин кары аял, аны менен бирге Жусуп (Иосиф) үӊкүргө келишти да ичине киришти. Анын ичи шумдуктуудай жаркырап, сонун шам чырактан да, күн нурунан да жакшы болуп турду. Бешиктеги оролгон ымыркай Мария аялды эмип жатты. Үӊкүргө кирген экөө айрантаӊ болушуп, жанагы кары аял - төрөлгөн ымыркайдын энеси сенбиӊи? деди. Мария «ошондой» деп жооп бергенде - жок, сен Обо эненин кыздарына окшобойсуӉ -деди. Ошондо Мария: - Кандайча окшобойм, балдардын арасынан менин уулума теӉдеш жок, жана аялдардын ичинен эч кимиси бул баланы төрөгөн менен теӉеле албайт - деди.

БИБЛИЯ “ТӨРӨЛҮҮСҮ ЖАНА МАРИЯМДЫН ӨМҮРҮ” МАТАЙ БӨЛҮМ 1 196


18 Ыйса Машайактын төрөлүшү мындай болду: Анын энеси Мариям Жусуп менен убадалашып койгон. Бирок алардын никеси кыйыла электе эле, Мариямдын Ыйык Рухтан кош бойлуу болгону белгилүү болду. 19 Анын болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан, Мариямды эл алдында уятка калтыргысы келген жок. Ошондуктан ал Мариям менен бекиткен убадасын жашыруун бузууну ойлоду. 20 Ушундай ойго келген кезде, Теңирдин периштеси ага түшүндө көрүнүп, мындай деди: «Жусуп, Дөөттүн уулу! Мариямды аялдыкка алуудан коркпо, анткени анын боюна бүткөн бала Ыйык Рухтан. 21 Ал Уул төрөйт, Анын ысымын Ыйса деп койгун. Анткени Ал Өз элин күнөөлөрүнөн куткарат». 22-23 Булардын баары Теңирдин Ышайа пайгамбар аркылуу «Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, анын ысымын Эмануел деп коюшат» деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. Бул ысым «Кудай биз менен» деп которулат. 24 Жусуп ойгонгондон кийин, Теңирдин периштеси буйругандай кылды. Ал Мариямды аялдыкка алды. 25 Бирок Мариям Уулун төрөгүчө, Жусуп ага жакындаган жок. Уул төрөлгөндө, Жусуп Анын ысымын Ыйса деп койду. ЛУКА БӨЛҮМ 1 26 Алтынчы айда Кудай Галилеянын Назарет деген шаарына, 27 Дөөт тукумунан чыккан Жусуп деген адам менен убадалашып койгон кызга Жебирейил периштени жиберди. Кыздын ысымы Мариям эле. 28 Периште ага келип: «Салам, Кудайдан ырайым тапкан кыз! Теңир сени менен! Аялдардын ичинен сен баталуусуң!» – деди. 29 Периштенин сөзүнө апкаарый түшкөн Мариям бул саламдашуу эмнени билдирет деп, ойлонуп калды. 30 Ошондо периште ага мындай деди: «Коркпо, Мариям! Анткени сен Кудайдан ырайым таптың. 31 Боюңа бүтүп, Уул төрөйсүң, Анын ысымын Ыйса коөсуң. 32 Ал улуу болот жана Бардыгынан Жогору Тургандын Уулу деп аталат. Кудай-Теңир Ага атасы Дөөттүн тагын берет. 33 Ал Жакыптын тукумуна түбөлүккө падышачылык кылат, Анын падышачылыгынын чеги болбойт». 197


34 Мариям периштеден: «Эркек көрбөсөм, бул кандайча болот?» – деп сурады. 35 Периште ага мындай деп жооп берди: «Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт. Сени Бардыгынан Жогору Тургандын күчү каптайт. Ошондуктан төрөлө турган Ыйыкка Кудайдын Уулу деген ысым берилет. 36 “Төрөбөс” деп аталган тууганың Элизабет да карыганда кош бойлуу болду. Ал уул төрөйт, анын боюна бүткөнүнө алты ай болду. 37 Анткени Кудайдын бир да сөзү күчүн жоготпойт». 38 Ошондо Мариям: «Мен мына, мен Теңирдин кулумун. Мага сен айткандай болсун», – деди. Ошондон кийин периште анын жанынан кетти. 39 Ошол күндөрдүн биринде Мариям тоолуу Жүйүт өлкөсүнүн бир шаарына шашылыш түрдө жөнөдү. 40 Ал Захариянын үйүнө кирип, Элизабет менен саламдашты.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Бул жерде Мариямдын төрөлүүсү жазылган, мындан да көп маалыматты биз апокрифтик жакшы кабарлардан табабыз. Бул жерде көп учурда басым бул кыздын укмуштуулугуна кылынат, ал төрөлгөндөн кийин атайы бөлмөдө багылган, аны таза эмес нерселерден сактоо үчүн, ал эми таза эмес деген эмне экени айтылган эмес. 2. Куран боюнча ал ибадатканада жашаган По Курану она жила при Храме: “… Ар качан Закария анын үстүнө михрапка кирсе, анын алдында ырыскы турганын көрдү. Ал - О, Марям, булар сага кайдан? - деди…”. Апокрифтик жакшы кабарларда да ушундай берилет: 198


Mary was in the temple of the Lord as a dove that is nurtured: и she received food from the hи of an angel. 3. Апокрифитик жазууларда көп басым ошондой эле Мариямдын атаэнесине кылынат. Мисалы, Куран боюнча Мариям Закарий менен эрте жашында кездешет Сүрө 3:37 …жана ага Закарияны кепил кылды… 4. «Жакыптын жакшы кабары» аттуу китебинде Библияга каршы келген маалымат бар. Бул китепте Мариям таза болуп берилет, адамдар аны эӊ керемет, укмуштуудай деп кабыл алышчу, ыйык кызмат кылуучу ага ибадатканага жашоого уруксат берген. Ошондой эле Мариям Ыйсаны төрөгөндөн кийин кайра кыз боло алган, жана ошо бойдон өлөр-өлгүчө калган делет: ”...Virgo concepit, virgo peperit et virgo permansit!...”. ”... жок, сен Обо эненин кыздарына окшобойсуӊ -деди. Ошондо Мария: - Кандайча окшобойм, балдардын арасынан менин уулума теӊдеш жок, жана аялдардын ичинен эч кимиси бул баланы төрөгөн менен теӊеле албайт...”. Бул тексттерде Мариямдын кудай-энелик сапаты (ага табынуучулук) байкалат, бул бешинчи кылымда официалдуу кабыл алынган. 431-жылы Эфестеги жыйында Мариямга табынуу кабыл алынган, натыйжада Мариям Ыйса менен адамдардын ортомчусу болуп калган. Ошентип, Мариямдын сүрөтүнө, иконаларга табынуу башталган. Булардын баары Библияга карама каршы келет: ”…бир да адил адам жок…” (РИМДИКТЕРГЕ, БӨЛҮМ 3:10) и “баары күнөө кетиришти, Кудайдын даӊкынан ажырашты…” (РИМДИКТЕРГЕ, БӨЛҮМ 3:23) 5. Апокрифтерде Жусуп Мариямдын мыйзамдуу түрдөгү күйөөсү катары берилбейт: ”…я стар и у меня естӊ сыновӊя; зачем вы даете мне эту [девицу]?.”.

БИБЛИЯДА: 1. Мариямдын баяны ага Кудайдын периштеси келген учурдан башталат. 2. Мыйзамда жазылуу болгон – ибадатканага аял киши жашамак тургай кире алчу эмес, ал жерге лебилерден башка эч бир эркек да кызмат кылчу эмес. 3. Мариям Закарийдикине келгенде боюнда бар болгон маалы эле. 4. Мариям да Ыйсанын башка шакирттердей эле Ыйык Рухту кабыл алуусу керек эле: “… 12 Ошондон кийин алар Зайтун тоосунан Иерусалимге кайтып келишти. Ал тоо менен Иерусалимдин ортосундагы аралык бир ишемби күндүк жол эле. 13 Шаарга келишкенден кийин, Петир, Жакып, Жакан, Андрей, Филип, Томас, Барталамей, Матай, Алпейдин уулу Жакып, Зилот Шымон жана 199


Жакыптын уулу Жүйүт өздөрү чогулуп жүргөн үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чыгышты. 14 Булар бир топ аялдар менен, Ыйсанын энеси Мариям менен жана Анын бир туугандары менен чогуу, бир тилек менен сыйынып жүрүштү …”. (ЭЛЧИЛЕРДИН ИШТЕРИ, БӨЛҮМ 1). “…1 Элүүнчү күн майрамында алардын бардыгы бир жерге чогулушту. 2 Бир маалда асмандан катуу шамалдын добушундай болгон добуш чыгып, алар отурган үйдүн ичин толтурду. 3 Анан жалындай болгон тилдер бөлүнүп-бөлүнүп, алардын ар биринин үстүнө түштү. 4 Ошондо бардыгы Ыйык Рухка толуп, Рух берген тилге жараша ар кандай тилдерде сүйлөй башташты…” (ЭЛЧИЛЕРДИН ИШТЕРИ, БӨЛҮМ 2). 5. Ыйса Мариямдын биринчи баласы эле, Мариям Ыйсага күйөөсү Жусуптан ини-карындаштарды төрөп берген: “…19 Анын болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан, Мариямды эл алдында уятка калтыргысы келген жок. Ошондуктан ал Мариям менен бекиткен убадасын жашыруун бузууну ойлоду…” (МАТАЙ, БӨЛҮМ 1). “…1 Ошол күндөрдө Рим императору Август «Бүт өлкөдө эл каттоо болсун» деген буйрук чыгарды. 2 Бул Кибрений Сирияны башкарып турган убакта болгон биринчи эл каттоо эле. 3 Ошондо каттоодон өтүш үчүн, ар ким өз шаарына барды. 4 Жусуп да Галилеядагы Назарет шаарынан Жүйүт аймагына, Дөөттүн шаары Бейт-Лехемге жөнөдү. Анткени ал Дөөт падышанын тукумунан эле. 5 Ал өзү менен убадалашып койгон кош бойлуу аялы Мариям менен бирге каттоодон өтмөкчү болду. 6 Алар Бейт-Лехемге келишкенде, Мариямдын төрөр маалы келип, 7 тун Уулун төрөдү. Аны ороп, сарайдагы акырга жаткырды, анткени мейманканада аларга орун жок болчу…” (ЛУКА, БӨЛҮМ 2). “…31 Энеси менен бир туугандары келип, сырттан Ыйсаны чакыртышты. 32 Анын тегерегинде эл отурган эле. Ошондо Ага: «Энең, инилериң, карындаштарың сыртта Сени чакырып жатышат», – дешти. 33 Ыйса аларга: «Менин энем жана бир туугандарым ким?» – деди да, 34 айланасында отургандарды тегерете карап: «Мына, менин энем, мына, Менин бир туугандарым. 35 Анткени ким Кудайдын эркин аткарса, ошол 200


Менин иним, карындашым жана энем!» – деп жооп берди…” (МАРК, БӨЛҮМ 3).

КУРАН “ЖАКАНДЫН АТАСЫ“ СҮРӨ 3 ААЛИ ИМРАН 38. Ошондо Закария Раббисине дуба кылып - О, Раббим! Мага да Өзүӊдүн даргөйүӊдөн пакиза бир урпак бере көр. Албетте, Сен дубаны Угуучусуӊ деди. 39. Анан ал михрапта намаз окуп турганда периштелер ага - Аллах сени Яхйа менен сүйүнтөт. Аллахтын сөзүн тастыктоосу, улукзаада, дене кумарларынан өзүн кармай билген жана салих пайгамбарлардан бири болот деп добуш беришти. 40. Айтты - О, Раббим! Мага кайдан бала болсун, өзүм картаӊ, аялым туубас болсо? Айтты - Унундай. Аллах каалаган ишин аткарат. 41. Айтты: О, Раббим! Мага бир сыр - белги бере көр! Айтты - Сенин белгиӉ - үч күн адамдарга ишаарат менен гана сүйлөп каласыӉ. Эми, Раббиӊди көп зикир кыл жана эртели-кеч Аны даӊтап, тасбих айт. СҮРӨ 19 201


МАРЯМ 7. О, Закария! Биз сени Яхйа деген наристе менен сүйүнтөбүз! Биз мурун ага адаш кылган эмеспиз. 8. О, Раббим! - деди, мага кайдагы перзент? Аялым туубас болсо, өзүм карылыктын чегине жетип калган болсом? 9. Ошондой - деди - Раббиӊ айтат - Бул Мага жеӊил. Өзүӊдү деле мындан мунун Мен жаратканмын. Сен дагы эч нерсе эмес элеӊ. 10. О, Раббим! Анда мага бир белги көргөзчү - деди. Сага белги - сопсоо тууруп, үч түн бою адамдарга сүйлөй албай каласыӉ - деди. 11. Ал михрабдан коомуна чыкты жана түнү-күнү мактоо сөздөрүн айткыла деп ишаарат кылды.

БИБЛИЯ “ЖАКАНДЫН АТАСЫ“ ЛУКА БӨЛҮМ 1 5 Жүйүт падышасы Ироддун убагында Абия тобунда Захария аттуу ыйык кызмат кылуучу болгон. Анын Арун уруусунан чыккан Элизабет деген аялы бар эле. 6 Экөө тең Теңирдин осуяттары менен көрсөтмөлөрүн так аткарып, Кудай алдында адил жашашчу. 7 Элизабет төрөбөс болгондуктан, алардын балдары жок болчу. Экөө тең карып калышкан эле. 8 Бир күнү Захария өз кезеги боюнча Кудай алдында кызмат кылып жатканда, 9 ыйык кызмат кылуучулардын салты боюнча өкчөмө таш ыргытылып, ага Теңирдин ийбадатканасына кирип жыпар жыттуу зат түтөтүү кызматы тийди. 10 Жыпар жыттуу зат түтөтүлүп жаткан учурда, көп эл сыртта сыйынып турду. 202


11 Ошондо ага Теңирдин периштеси көрүндү. Периште жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайдын оң жагында турду. 12 Захария аны көргөндө, селт эте түштү. Аны коркунуч басты. 13 Периште болсо ага мындай деди: «Коркпо, Захария! Анткени сенин сыйынууң угулду. Аялың Элизабет сага уул төрөп берет, анын ысымын Жакан коөсуң. 14 Сен кубанычка, шаттыкка бөлөнөсүң, анын төрөлгөнүнө көптөр сүйүнүшөт. 15 Анткени ал Теңирдин алдында улуу адам болот. Шарап да, күчтүү ичкилик да ичпейт. Энесинин ичинде жатканда эле Ыйык Рухка толот. 16 Ысрайыл уулдарынын көпчүлүгүн өздөрүнүн Кудай-Теңирине бурат. 17 Аталарынын жүрөгүн балдарына, баш ийбегендерди адил адамдардын ойлонуу жолуна буруп, даярдалган элди Теңирге алып келүү үчүн, ал Илияс пайгамбардын руху жана күчү менен Анын алдында келет». 18 Ошондо Захария периштеге: «Мен муну эмнеден улам билем? Анткени мен карып калдым, аялым да карыды», – деди. 19 Периште ага мындай деп жооп берди: «Мен Кудай алдында туруучу Жебирейилмин, сени менен сүйлөшүү үчүн, сага ушул жакшы кабарды билдирүү үчүн жиберилгем. 20 Сен менин өз убагы келгенде орундала турган сөздөрүмө ишенбегендигиң үчүн, тилден калып, бул ишке ашкан күнгө чейин сүйлөбөйсүң». 21 Ошол учурда Захарияны күтүп турган эл анын ийбадатканада кармалып жатканына таң калды. 22 Ал сыртка чыкканда, элге сүйлөй албай койду. Ошондо алар анын ийбадатканада көрүнүш көргөнүн түшүнүштү. Захария аларга жаңсап түшүндүрдү, анткени ал дудук болуп, сүйлөй албай калган эле. 23 Кызмат кыла турган күндөрү бүткөндөн кийин, ал үйүнө кайтты. 24 Ошол күндөрдөн кийин анын аялы Элизабеттин боюна бүтүп, беш ай бою жашырынып жүрдү. 25 «Мени элдин шылдыңынан куткарыш үчүн, Теңир ушул күндөрдө мага назарын салып, ушундай кылды», – деди ал. 57 Элизабеттин төрөр маалы келип, уул төрөдү. 58 Теңирдин ага улуу ырайым көрсөткөнүн уккан анын коңшулары менен туугандары аны менен бирге кубанышты. 59 Сегизинчи күнү баланы сүннөткө отургузууга келишти. Ага атасы Захариянын ысымын коймокчу болушту. 203


60 Бирок баланын энеси: «Жок, анын ысымын Жакан коөбуз», – деди. 61 Ошондо алар ага: «Сенин урук-тукумуңда мындай аттуу эч ким жок да», – дешти. 62 Анан баланын атасынан кандай ат койгусу келерин жаңсап сурашты. 63 Ал тактайча талап кылып, «Анын ысымы – Жакан» деп жазды. Бардыгы таң калышты. 64 Ошол замат Захарияга тил кирип, Кудайды даңктай баштады.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Закарий менен бир нече периштелер сүйлөштү. 2. Закарий үч күн гана сүйлөй албай калды.

БИБЛИЯДА: 1. Закарий менен бир гана периште – Жебирейил - сүйлөштү. 2. Закарий тогуз ай сүйлөй албай калды!: “...Мен Кудай алдында туруучу Жебирейилмин, сени менен сүйлөшүү үчүн, сага ушул жакшы кабарды билдирүү үчүн жиберилгем. 20 Сен менин өз убагы келгенде орундала турган сөздөрүмө ишенбегендигиң үчүн, тилден калып, бул ишке ашкан күнгө чейин сүйлөбөйсүң». 24 Ошол күндөрдөн кийин анын аялы Элизабеттин боюна бүтүп, беш ай бою жашырынып жүрдү. 59 Сегизинчи күнү баланы сүннөткө отургузууга келишти. Ага атасы Захариянын ысымын коймокчу болушту. 64 Ошол замат Захарияга тил кирип, Кудайды даңктай баштады.

204


КУРАН “ЫЙСАНЫН ЖАШ ЧАГЫ” СҮРӨ 3 ААЛИ ИМРАН 42. Ошондо периштелер - О, Марям! Аллах сени тандап, тазалады жана ааламдагы бардык аялдардан абзел кылды. 43. О, Марям! Раббиӊе моюн сунуу менен ибадат кыл. Жана намаз окуучулар менен бирге сажда, руку кыл - дешти. 44. Бул окуялар кайып кабарлары. Биз ал кабарды сага кабарлап жатабыз. Анткени Эми кимибиз Марямга келип болот - деп, калемдерин таштап жатышканда жана жаӊжалдашып турганда сен алардын арасында жок болчусуӊ. 45. Бир кезде периштелер айтты - О, Марям! Аллах сени, ысымы Ыйса Масих ибн Марям болгон Өзүнүн Сөзү менен сүйүнтөт. Дүйнө-Акыретте мартабалуу жана Аллахка эӉ жакын адамдардан болот. 46. Дагы, ал адамдарга бешикте жана чоӉойгондо сүйлөйт жана салихтаза адамдардан болот. 47. Марям айтты: О, Раббим! Мени эч бир адам кармабаган болсо, кайдан бала болсун? Айтты - Ушундай. Аллах Өзү каалагандай жаратат. Ал бир ишти өкүм кылса, ага бол! -дейт жана ал иш болуп калат. 205


48. Жана ага жазууну, даанышмандыкты, Тооратты жана Инжилди үйрөтөт. 49. Исрайил урпактарына элчи - пайгамбар кылат. Мен силерге Раббиӊирден белгилер алып келдим - силерге ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөсөм Аллахтын уруксаты менен куш болуп калат, Аллахтын уруксаты менен сокурларды, пес оорулууларды айыктырам, өлүктөрдү тирилтем. Жана мен силерге үйүӊөрдө эмнени жеп, эмнени сактап койгонуӊарды да айтып бере алам. Албетте, ушул нерселерде силер үчүн белгилер бар, эгер ишенсеӊер. 50. силерге өзүмдөн мурунку Тооратты тастыкташ үчүн, жана силерге арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылыш үчүн жана мен силерге РаббиӉерден аят-далилдерди алып келдим. Эми, Аллахтан корккула жана Мага моюн сунгула. СҮРӨ 5 МАИДА 46. Биз алардын изинен, өзүнөн алдыӉкы нерсени тастыктаган Марямдын уулу Ыйсаны жиберип, ага, ичинде Нуру, Туура Жолу бар жана өзүнөн мурунку Тооратты тастыктоочу, такыбаа кишилер үчүн насаат жана Туура Жол болгон Инжилди бердик. 110. Эстегин, Аллах айтты - О, Марямдын уулу Ыйса! Менин сага жана апаӊа берген нээматымды эстегин. Анткени, Мен сени Ыйык Рух менен кубаттаганымда, адамдарга бешикте жана чоӊойгондуӊда сүйлөгөнсүӊ. Эстегин, бир кезде, Мен сага Китепти, Химкатты, Тооратты жана Инжилди үйрөттүм. Дагы бир кезде - Менин уруксатым менен, ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөгөнүӉдө, ал куш болуп калды. Менин уруксатым менен сокурларды, пес орулууларды айыктыргансыӊ. Менин уруксатым менен өлүктөрдү чыгаргансыӊ жана Мен сени Исрайил урпактары коомунан сактадым. Сен аларга моожизаларды алып келсеӊ да, алардын арасынан каапыр болгон адамдар - Бул анык сыйкырдан башка нерсе эмес - дешкен. СҮРӨ 19 МАРЯМ 16. сен Китепте Марямды эсте - Бир кезде ал өз үй-бүлөөсүнөн чыгыш тараптагы жерге бөлүнүп чыгып. 17. алардан чүмбөттөнүп алды. Анан Биз ага Өз Рухубузду жибердик. Ал Марямга кадимки инсан кейпинде көрүндү. 206


18. айтты - Мени сенден Рахман сактасын! Эгер Аллахтан коркуучу болсоӊ, 19. -деди ал - Мен Раббиӊдин элчисимин. Сага аруу перзент бериш үчүн. 20. айтты - Мага эч бир адам кол тийгизбеген жана сойку эмес болсом, кайдан бала болсун? 21. айтты - ушундай. Бирок, Раббиӊ айтты - Аны адамдар үчүн белги жана Ырайым кылып жаратабыз. Бил иш тагдырда чечилип калган. 22. Ал кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды. 23. Анан, толгоо аны курма дарагынын бутагына алып келди. О, кана эми, ушуга чейин эле өлүп калган жана тап-такыр унутулуп кеткен болсом! - деди. 24. Ошондо, андан ылдыйраак жерден - Кайгырба, РаббиӉ бутуӉдун астынан суу агызып койду. 25. Жана өзүӊө курма бутагын силксеӊ сага жаӊы, таза мөмөлөрүн түшүрөт. 26. Эми, жеп-ичип, кубан. Ал эми, адамдардан бирөөнү көрсөӊ - Мен Рахман үчүн сүкүт чалууну назир кылып койдум эле. Бүгүн эч кимге сүйлөбөймүн - дегин. 27. баласын көтөрүп коомуна келгенде, дешти - О, Марям! Сен болбогон уят иш жасаптырсыӊ! 28. О, Харундун карындашы! Сенин атаӊ бузук, апаӊ сойку эмес эле го? 29. Марям ага ишарат кылды. Бешиктеги бөбөк менин кантип сүйлөшөбүз? - дешти. 30. Айтты - Мен - Аллахтын пендесимин. Ал мага китеп берип, Пайгамбар кылды. 31. Ал мени кайда барсам берекеттүү кылып, мага - денемде жаным болсо эле - намаз окуп, зекет берүүнү 32. апама жакшылык кылууну буюрду. Жана Ал мени таалайсыз, ташбоортекебер кылбады! 33. Жана мен туулган, өлгөн жана кайра тирилген күндөрүмдө мага тынчтык амандык болсун. 34. шек-күмөндө болуп жаткан Марямдын уулу Ыйса Хакктын Сөзү ушул.

207


АПОКРИФТИК ЖАКШЫ КАБАР ТОМАНЫН ЖАКШЫ КАБАРЫ “ЫЙСАНЫН ЖАШ ЧАГЫ” II. Ыйса беш жашка толгон кези. Ал суу боюнда ойноп жатты, жана чуурп агып чыккан сууну буруп кичи көлчүк жасап андагы сууну таза кылып койду, мунун баарын ал сөзү менен гана башкарып жатты, дагы ал ылайдан 12 таранчыны жасадаы. Ишемби күн эле, ошондо муну бир жүйүт көрүп калып, Ыйсанын атасы Жусупка келип: - сенин балаӊ чоподан куштарды жасап жатат, ишемби күндү бузуп жатат - деп айтты. Жусуп ал жакка барып: - эмне үчүн ишемби күндү бузуп, сен иш кылып жатасыӊ? деп кыйкырды. Бирок, Ыйса алаканын чаап: - учкула! - деди, ошондо чоподон жасалган чымчыктар сайрап, учуп кетишти. Муну көргөн жүйүттөр таӊ калышты, жана айыл аксакалдарына муну айтып беришти.

КУТКАРУУЧУНУН БАЛА ЧАГЫ ТУУРАЛУУ АРАБ ЖАКШЫ КАБАРЫ “ЫЙСАНЫН ЖАШ ЧАГЫ” Ата, Ууул жана Ыйык Рухтун, Бир Кудайдын атынан. Кудайдын жардамы менен биз Эгебиз, Теӊирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын улуу кереметтери тууралуу китепти жазып баштадык, бул Жаш чагынын Жакшы Кабары деп аталат (Евангелием Детства именуемую). 1. Муну биз Машайактын убагында жашаган ыйык кызмат кылуучу Жусуптун китебинен таптык, бул адамды башкалар Каиафа деп да аташат. Ал мындай деп айтат - Ыйса ымыркай кезинде эле, бешикте жатып эле апасы Марямга мындай деп сүйлөгөн: - Мен - Ыйса, Кудайдын Уулу, о logoz,Жебиреил периште сага айткандай эле сен мени төрөдүӉ. Мени Атам дүйнөнү куткаруу үчүн жиберген.

208


БИБЛИЯ “ЫЙСАНЫН ЖАШ ЧАГЫ” ЛУКА БӨЛҮМ 2 21 Сегиз күн болгондо, Наристени сүннөткө отургузууга мезгил жеткенде, Анын ысымын Ыйса деп коюшту. Бул ысым Наристе бойго бүтө электе эле, периште тарабынан коюлган эле. 22 Мусанын мыйзамы боюнча алардын тазалануу убагы бүткөндөн кийин, алар Ыйсаны Теңирдин алдына алып баруу үчүн, Иерусалимге алып келишти. 39 Алар Теңирдин мыйзамында көрсөтүлгөндүн бардыгын аткарышкандан кийин, Галилеядагы өздөрүнүн Назарет шаарына кайтып келишти. 40 Бала акылга толуп, руху бекемделип, чоңоө берди. Кудай Ага батасын берип жатты. 41 Жыл сайын Ыйсанын ата-энеси Иерусалимге Пасах майрамына барышчу. 42 Ыйса он эки жашка чыкканда да, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамга барышты. 43 Майрам күндөрү аяктап, үйлөрүнө кайтышканда, өспүрүм Ыйса Иерусалимде калып калды. Муну Жусуп да, Анын энеси да байкаган жок. 44 Аны башкалар менен келе жатат деп ойлошту. Бир күн жол жүрүшкөндөн кийин, алар Аны туугандарынын жана тааныштарынын арасынан издей башташты. 45 Таппай коюшкандан кийин, Аны издеп, кайра Иерусалимге келишти. 46 Үч күндөн кийин Аны ийбадатканадан, устаттардын ортосунда сөз угуп, суроо берип отурган жеринен табышты. 47 Угуп отургандардын бардыгы Анын акылына жана берген жоопторуна таң калышты. 209


48 Ата-энеси Аны көрүп, таң калды. Энеси Ага: «Балам, бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сарсанаа болуп, Сени издеп жүрөбүз», – деди. 49 Ыйса аларга: «Мени эмнеге издейсиңер? Атамдын үйүндө болушум керек экендигин билген эмес белеңер?» – деди. 50 Бирок алар айтылган сөздөрдүн маанисин түшүнүшкөн жок. 51 Анан Ыйса ата-энеси менен Назаретке келди. Ал ата-энесине тил алчаак болду. Энеси болсо бул сөздөрдүн баарын көкүрөгүнө түйүп жүрдү. 52 Ыйса жетилип, акыл-эске толду. Ал Кудайдын да, адамдардын да сүймөнчүгү болду. МАРК БӨЛҮМ 6 1 Ыйса ал жерден чыгып, Өз жерине келди. Шакирттери да Аны менен келишти. 2 Ишемби күнү Ыйса синагогада элди окута баштады. Ошондо Аны угуп жаткандардын көпчүлүгү таң калып: «Мунун баарын Ал кайдан билет? Ага мындай акылмандыкты ким берген? Мындай кереметтерди Ал кантип жасап жатат? 3 Бул жыгач уста Ыйса эмеспи? Бул Мариямдын уулу, Жакыптын, Жусуптун, Жүйүттүн жана Шымондун бир тууганы эмеспи? Анын карындаштары бул жерде, биздин арабызда эле жүрүшөт го», – дешти. Ошентип, алар Ыйсаны кабыл алгылары келген жок. 4 Ыйса болсо аларга: «Пайгамбарды өз жеринде, өзүнүн туугандарынын арасында, өз үйүндө гана сыйлабайт», – деди. 5 Ыйса бул жерде кээ бир эле оорулуулардын үстүнө колун коюп, аларды айыктыргандан башка эч кандай керемет көрсөткөн жок. 6 Элдин ишенбестигине таң калды. Анан тегеректеги айыл-кыштактарды кыдырып, элди окутту. ЖАКАН БӨЛҮМ 7 1 Андан кийин Ыйса Галилея аймагын аралап жүрдү. Ал Жүйүт аймагында жүргүсү келген жок, анткени жүйүттөр Аны өлтүрмөкчү болуп жатышкан эле. 2 Жүйүттөрдүн «Алачык майрамы» жакындап калган. 3 Ошондо бир туугандары Ыйсага: «Бул жерден чыгып, Жүйүт аймагына бар, кылып жаткан иштериңди шакирттериң да көрүшсүн. 210


4 Анткени белгилүү болгусу келген адам иштерин жашырбайт. Ушундай иштерди кылып жаткандан кийин, Өзүңдү дүйнөгө көрсөт», – дешти. 5 Анткени бир туугандары да Ага ишенишчү эмес. 6 Ыйса аларга мындай деди: «Менин убагым келе элек. Ал эми силер үчүн бардык учурда боло берет. 7 Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, ал эми Мени жек көрөт. Анткени Мен анын иштеринин жаман экендигин күбөлөндүрүп жатам. 8 Силер майрамга бара бергиле! Мен азырынча бул майрамга барбайм, анткени Менин убагым келе элек». 9 Ал ушуну айтып, Галилеяда калып калды.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Куран бул жөнүндө гана айтат: “… Мессия Иса (Ыйса), сын Марӊям (Марии). Аны окутуучу дейт: “...Ыйса Масих ибн Марям болгон Өзүнүн Сөзү менен сүйүнтөт. Дүйнө-Акыретте мартабалуу жана Аллахка эӊ жакын адамдардан болот. Туура Жолу бар жана өзүнөн мурунку Тооратты тастыктоочу, такыбаа кишилер үчүн насаат жана Туура Жол болгон Инжилди бердик.” 2. Куран Апокрифтерге да кайрылат: ”…46. Дагы, ал адамдарга бешикте жана чоӊойгондо сүйлөйт жана салихтаза адамдардан болот. 49. …силерге ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөсөм Аллахтын уруксаты менен куш болуп калат...” Ыйса бешиктеги кезинде эле улуу катары таанылган. Назарет шаарында, Ал беш жашында эле кошуна-колоӊдорун таӊ калтырчу, анткени укмуштуудай нерселерди кылчу.

БИБЛИЯДА: 211


1. Библияда болсо Ыйса ким экени, Ал бул дүйнөгө эмне максат менен келгени айдан ачык так айтылат. “21 Ал Уул төрөйт, Анын ысымын Ыйса деп койгун. Анткени Ал Өз элин күнөөлөрүнөн куткарат». (МАТАЙ, БӨЛҮМ 1). 2. Бул жерде биз Ыйсанын бала чагы, 12 жашка чейинкиси тууралуу эч нерсе таба албайбыз, 12синде Ал кызматын баштаган эле, бул бала чагы тууралуу жалгыз гана окуя. Биз көрө алабыз, Ага Анын кошуналары тургай биртуугандары да ишенген эмес. Куранда жазылган бул тууралуу маалыматтар апокрифтик кол жазмалардан алынган жана канондук жазууга (Библияга) карама-каршы келет.

КУРАН “ЫЙСАНЫН ӨЛҮМҮ” СҮРӨ 4 НИСА 156. Жана да каапырлыктары - Марямга чоӊ доомат сүйлөгөнү үчүн. 157. Жана Аллахтын Пайгамбары Ыйса -Масих ибн Марямды -Биз өлтүргөнбүз- деген сөздөрү себептүү. Алар аны өлтүрүшкөн да эмес, асышкан да эмес. Бирок, алар үчүн ага окшотуп коюлган. Ал жөнүндө талашып-тартышкандар ал жөнүндө шек күмөндө болушат. Аларда божомолго ээрчигенден башка эч бир илим жок. Чынында, алар аны анык өлтүргөн эмес. 158. Тескерисинче, аны Аллах Өзүнө көтөрүп алган. Аллах Кудуреттүү, Даанышман. 159. Китеп ээлеринин бардыгы ага өлүмүнөн бир аз мурун ыйман келтиришет. Жана Кыямат Күндө болсо, ал алардын зыянына күбөлүк берет.

212


БИБЛИЯ “ЫЙСАНЫН ӨЛҮМҮ” ЫШАЙА БӨЛҮМ 53 3 Ал жек көрүндү болду, адамдардын алдында кемсинтилди. Ал – кайгы тарткан, оорунун эмне экенин билген адам, биз Андан жүзүбүздү ала качтык. Ал жек көрүндү болду, биз Аны урматтаган жокпуз. 4 Бирок Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти, биз болсо Аны Кудай урду, жазалады жана кемсинтти деп ойлодук. 5 Бирок Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды. Бизге тынчтык болуш үчүн, Ал жазага тартылды, биз Анын жарааты менен айыктык. 6 Биз баарыбыз койлордой болуп адашып жүрдүк, ар кимибиз өз жолубузга бурулуп кеттик, ошондо Теңир баарыбыздын күнөөлөрүбүздү Анын мойнуна жүктөдү. 7 Аны катуу кыйнашты, бирок Ал кыйналганда, үн чыгарган жок. Ал союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу, кыркмачынын алдында үнсүз жаткан кой сыяктуу үн чыгарган жок. 8 Ал камактан жана соттон алынды, бирок Анын санжырасын ким айтып бере алат? Анткени Ал тирүүлөрдүн жеринен бөлүнүп алынды, Менин элимдин кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартылды. 9 Ага кылмышкерлер менен бирге мүрзө даярдашты, бирок Ал байдын мүрзөсүнө коюлду, анткени Ал күнөө кылган эмес, Анын оозунан жалган сөз чыккан эмес. 10 Бирок Теңир Анын кыйналуусун туура көрдү, ошондуктан Ал Аны азапка салды. Өз жанын айып үчүн чалынуучу курмандыкка чалгандан кийин, Ал узак жашаган укум-тукумун көрөт, ошондо Теңирдин эрки Өзүнүн колу менен ийгиликтүү ишке ашат. 213


11 «Ал Өз жанынын эрдигине ыраазы болуу менен карайт. Өзүнүн таанып билүүсү аркылуу Менин адилет Кулум көп адамдарды актайт, алардын күнөөлөрүн Өз мойнуна көтөрөт. 12 Ошондуктан Мен Ага улуулардын арасынан үлүш берем, Ал күчтүүлөр менен олжо бөлүшөт. Анткени Ал Өз жанын өлүмгө кыйды, кылмышкер катары эсептелди, көптөрдүн күнөөсүн Өз мойнуна алды, кылмышкерлер үчүн арачы болду». ЭЛЧИЛЕРДИН ИШТЕРИ БӨЛҮМ 8 26 Теңирдин периштеси Филипке мындай деди: «Тур, түштүккө, Иерусалимден Азаны карай кеткен ээн жолго бар». 27 Ал туруп, ошол жакка жөнөдү. Кудайга табынуу үчүн Иерусалимге келген эфиопиялык бир адам үйүнө кайтып бара жаткан эле. Бул эбнух, эфиопиялыктардын аял падышасы Кандакиянын жогорку даражалуу төрөсү, анын казына иштерин башкаруучуларынын башчысы болчу. 28 Ал адам өзүнүн арабасында Ышайа пайгамбардын китебин окуп бара жаткан. 29 Рух Филипке мындай деди: «Жакын барып, бул арабага катарлаш бас». 30 Филип жакын барды да, анын Ышайа пайгамбардын китебин окуп жаткандыгын угуп, андан: «Окуганыңды түшүнүп жатасыңбы?» – деп сурады. 31 «Мага бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?» – деди ал. Анан ал Филиптен арабага түшүп, өзүнүн жанына отуруусун өтүндү. 32 Ал Ыйык Жазуудан бул жерди окуган эле: «Ал союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу, кыркмачынын алдында үнсүз жаткан кой сыяктуу ооз ачпайт. 33 Ал кемсинтилип, адилет соттолуу укугунан ажыратылды. Бирок Анын тегин ким айтып бере алат? Анткени Анын жер үстүндөгү өмүрү бүтөт». 34 Эбнух Филиптен: «Өтүнөм, айтчы, пайгамбар ким жөнүндө айтып жатат? Өзү жөнүндөбү же башка бирөө жөнүндөбү?» – деп сурады. 35 Ошондо Филип сөзүн баштады. Ал Ыйык Жазуунун ушул жеринен баштап, Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды айтып берди. 36 Алар жолдо бара жатып, бир сууга келишти. Ошондо эбнух: «Мына суу! Менин сууга чөмүлдүрүлүүмө кандай тоскоолдук бар?» – деди.

214


37 Филип болсо ага: «Эгерде бүт жүрөгүңдөн ишенсең, анда чөмүлдүрүлсөң болот», – деди. «Ыйса Машайак Кудайдын Уулу экендигине ишенем», – деди ал. 38 Анан ал арабаны токтотууга буйрук берди. Ошентип, Филип менен эбнух сууга киришти. Филип аны сууга чөмүлдүрдү. 1-КОРУНТТУКТАР БӨЛҮМ 15 1 Бир туугандар, мен силерге тараткан Жакшы Кабарды эсиңерге салайын. Силер аны кабыл алып, ага бекем ишенип калдыңар. 2 Эгерде ага мен айткандай ишенсеңер, ал аркылуу куткарыласыңар, болбосо ишенгениңердин пайдасы жок. 3 Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген кабарым бул: Ыйык Жазууда жазылгандай, Машайак биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлдү, 4 көргө коюлду жана Ыйык Жазууда жазылгандай, үчүнчү күнү тирилди.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Ыйсанын айкач жыгачка кадалганы, өлүмү такыр эле жокко чыарылат. ”Алар аны өлтүрүшкөн да эмес, асышкан да эмес. Бирок, алар үчүн ага окшотуп коюлган.”

БИБЛИЯДА: 1. Ыйса бардык күнөөкөрлөр үчүн өлүш үчүн төрөлгөн:”… Менин элимдин кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартылды... Теңир баарыбыздын күнөөлөрүбүздү Анын мойнуна жүктөдү … көптөрдүн күнөөсүн Өз мойнуна алды, кылмышкерлер үчүн арачы болду …” (ЫШАЙА, БӨЛҮМ 53)

215


Ыйса мындай деди: 27 Анан Ыйса мындай деди: «Азыр жаным кыйналып турат. Эмне дейин? “Ата! Мени ушул сааттан куткара көр”, – дейинби? Бирок Мен ушул саат үчүн келгем. 32 Мен жерден көтөрүлүп кеткенден кийин, бардыгын Өзүмө тартам». 33 Ыйса муну кандай өлүм менен өлөрүн билдирүү үчүн айтты. (Жакан , БӨЛҮМ 12). Машайакчылык (Христиан дини) Ыйсанын айкач жыгачка кагылуусуна, өлүмүнө, мүрзөгө көмүлүшүнө жана кайра тирилүүсүнө негизделген, мындай болбосо, анда бардык нерсе мааниси жок болуп калат. “…13 Эгерде өлгөндөр тирилишпесе, анда Машайак да тирилген жок. 14 Эгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда биздин Жакшы Кабар таратканыбыздын да, силердин ишенимиңердин да пайдасы жок. 15 Эгерде өлгөндөр чын эле тирилишпесе, ал эми биз Машайакты Кудай тирилтти деп жатсак, анда Кудайга каршы жалган күбөлүк кылган болор элек. 16 Эгерде өлгөндөр тирилишпесе, анда Машайак да тирилген жок. 17 Эгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда силердин ишенимиңердин пайдасы жок: күнөөлөрүңөр дагы деле өз мойнуңарда. 18 Анда Машайакка ишенип жүрүп көз жумгандар да тирилишпейт. 19 Эгерде Ыйсага ушул жашоодо гана үмүттөнүп жатсак, анда биз эң бактысыз адамдарбыз. 20 Бирок Машайак өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилди. 21 Өлүм бир адам аркылуу келген сыяктуу эле, өлгөндөр бир Адам аркылуу тирилишет. 22 Адам атанын айынан баары өлүштү, ал эми Машайак аркылуу баары тирилишет. 23 Ар бири өз кезеги менен тирилет: адегенде Машайак, Машайак келгенде, машайакчылар тирилишет. ...” (1-КОРУНТТУКТАР, БӨЛҮМ 15).

216


КУРАН “ЫЙСАНЫН КУДАЙ ЭКЕНДИГИ” СҮРӨ 4 НИСА 171. О, китеп ээлери! Диниӊерде чектен чыкпагыла жана Аллах жөнүндө чындыктан башканы сүйлөбөгүлө. Албетте, Марямдын уушу Ыйса Масих, Аллахтын Марямга таштаган Сөзү жана Өзү тарабынан берилген Руху. Эми, Аллахка, Анын элчилерине ыйман келтиргиле жана үчөө дебегиле. Токтогула - өзүӉөргө жакшы болот. Албетте, Аллах, балсы бар болуудан Аруу-Таза жалгыз Кудай! Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Анын мүлкү. Жетекчилик жаатынан Аллах жетиштүү. 172. Аллахка кул болуудан Ыйса дагы, Аллахка жакын периштелер дагы эч качан арданышпайт. Кимде-ким Аллахка кулчулук кылуудан арданса жана текеберленсе, алардын бардыгын Аллах Өзүнө чогултат. СҮРӨ 5 МАИДА 17. Аллах - бул Марямдын уулу Ыйса - деген адамдар каапыр болушту. Айтчы - эгер Аллах Марямдын уулу Ыйсаны, анын апасын жана жер жүзүнүн бардык адамдарын жок кылууну кааласа, Аллах тарабынан бир гана нерсени кайтарууга кимдин кудурети жетмек? Асмандар жана Жердин жана экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселердин падышалыга Аллахка таанык. Аллах Өзү каалагандай жаратат. Аллах бардык нерсеге Кудудреттүү. 72. Аллах - бул Марямдын уулу Ыйса - дегендер анык каапыр болушту. Чындыгында, Ыйса-Масих аларга - О, Исрайил урпактары! Менин жана силердин РаббиӉер болгон Аллахка гана ибадат кылгыла! Кимдеким Аллахка шерик кылчу болсо, Аллах ага Бейишти арам кылат жана жайы Тозок болот. Өзүнө зулум кылуучуларга жардамчы болбойт! 73. Аллах - үчөөнүн үчүнчүсү - дегендер да каапыр болушту! Жалгыз Кудай - Аллахтан башка бир да кудай жок! Эгер сүйлөгөн сөздөрүнөн кайтышпаса, алардын арасынан каапыр болгондорун жан ооруткан азап кармайт. 74. Аллахка тооба кылып, Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы? Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу. 217


75. Марямдын уулу Ыйса болгону бир Пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анын апасы сиддика аял болгон. Экөө теӊ тамак аш жеп жүрүшкөн. Биз аларга Өз аяттарыбызды кандай баяндап бергенибизди жана алардын кандай дооматтарды ойлоп чыгаргандарын көрүп койгун. 116. Жана бир кезде Аллах айтты - О, Марямдын уулу Ыйса! Сен адамдарга - Аллахты таштап, мени жана апамды кудай кылып алгыла деген белеӉ? Айтты - О, Раббим! Сен Аруу-Тазасыӊ! Менин акым жок нерсени айтуу мага туура келбейт. Эгер айтканымда, Сен аны билмксиӊ. Сен менин жүрөгүмдө болгонду билесиӊ. Бирок, мен Сенде болгон нерсени биле албаймын. Сен - кайыптарды да эӊ жакшы Билүүчүсүӊ! 117. Мен аларга Өзүӊ буюрган сөздөрдү гана айткамын - Менин жана силердин Раббиӊер - Аллахка гана ибадат кылгыла! Мен алардын ичинде турган мезгилде алардын үстүндө күбө болуп турдум. Ал эми, Сен мени алганыӉда аларга ӨзүӉ күзөтчү болуп калгансыӉ. ӨзүӉ барыдк нерселерге КүбөсүӉ. 118. Эгер аларды азапка салсаӉ - ӨзүӉдүн пенделериӉ. Эгер кечирсеӉ ӨзүӉ Кудуреттүү, ДаанышмансыӉ!

БИБЛИЯ “ЫЙСАНЫН КУДАЙ ЭКЕНДИГИ” 218


ЭЛ АРАСЫНДАГЫ КҮБӨЛӨР МАТАЙ БӨЛҮМ 14 24 Ал убакта кайык көлдүн ортосуна жетип калган эле. Карама-каршы тараптан шамал соккондуктан, толкун кайыкты ары-бери чайпап жатты. 25 Түнкү төртүнчү күзөт убагында Ыйса көлдүн үстү менен басып, аларга келди. 26 Көлдүн үстүндө басып келе жаткан Ыйсаны көргөн шакирттер коркуп кетип: «Бул – элес!» – деп кыйкырып жиберишти. 27 Бирок Ыйса ошол замат аларга: «Кайраттангыла! Бул Менмин, коркпогула!» – деди. 28 Петир Ага: «Теңир! Эгерде бул Сен болсоң, буйрук бер, мен Сага суу үстү менен басып барайын», – деди. 29 Ыйса ага: «Кел», – деди. Петир кайыктан түшүп, суу үстү менен басып, Ыйсага жакын барды. 30 Бирок катуу шамалды көргөндө, коркуп кетип, чөгө баштады. Ошондо ал: «Теңир! Мени сакта!» – деп кыйкырды. 31 Ыйса колун сунуп, аны дароо кармап калды. Анан ага: «Ишеними аз, эмнеге шектендиң?» – деди. 32 Алар кайыкка түшкөндөн кийин, шамал басылып калды. 33 Кайыктагылар болсо: «Сен чын эле Кудайдын Уулу экенсиң», – деп, Ага таазим кылышты. ЖАКАН БӨЛҮМ 1 29 Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп: «Бул – Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат. 34 Мен көрдүм да: “Бул – Кудайдын Уулу”, – деп күбөлөндүрдүм». 45 Филип Натанаелди таап, ага: «Мусанын “Тоорат” китебинде, ошондой эле “Пайгамбарлар” китебинде жазылган Машайакты таптык, Ал – назареттик Жусуптун Уулу Ыйса», – деди. 49 Ошондо Натанаел: «Устат, Сен Кудайдын Уулусуң! Сен Ысрайыл элинин Падышасысың!» – деди.

КУТКАРЫЛУУ ҮЧҮН КУДАЙ УУЛУНА БОЛГОН ИШЕНИМ ЗАРЫЛ. 219


ЖАКАН БӨЛҮМ 3 14 Муса чөлдө жыланды жогору көтөргөндөй, Адам Уулу да жогору көтөрүлүүгө тийиш. 15 Ошондо Ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болот. 16 Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди. 35 Атасы Уулун сүйөт, ошондуктан бардыгын Анын колуна берди. 36 Кудайдын Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал эми Ага баш ийбеген адам өмүргө ээ болбойт, Кудайдын каары анын үстүндө болот». ЖАКАН БӨЛҮМ 6 40 Атамдын каалоосу – Уулун көргөн, Уулуна ишенген ар бир адамдын түбөлүк өмүргө ээ болуусу. Мен аны акыркы күнү тирилтем». ЖАКАН БӨЛҮМ 20 31 Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды. 1-ЖАКАН БӨЛҮМ 5 5 Дүйнөнү Ыйсанын Кудай Уулу экендигине ишенген адамдан башка ким жеңе алат? 12 Ким Кудайдын Уулуна ээ болсо, ал өмүргө ээ. Ким Кудайдын Уулуна ээ эмес болсо, ал өмүргө ээ эмес.

УУЛУНА КАРАТА КУДАЙДЫН ПЛАНЫ. 1-ЖАКАН БӨЛҮМ 4 220


9 Кудайдын сүйүүсү бизге бул аркылуу айкын болду: Уулу аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, Кудай бул дүйнөгө Өзүнүн жалгыз Уулун жиберди. 10 Сүйүү деген мындай: биз Кудайды сүйгөн жокпуз, бирок Ал бизди сүйгөндүктөн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өз Уулун ырайым курмандыгы катары берди. РИМДИКТЕРГЕ БӨЛҮМ 8 3 Анткени мыйзам күнөөкөр табияттын айынан күчсүз болуп калгандыктан, Кудай Өзүнүн Уулун күнөөкөр адамдын денесиндей дене менен күнөө үчүн чалынуучу курмандык катары жиберип, денеде жашаган күнөөнү соттоду.

ЫЙСАНЫН КУДАЙ ЭКЕНДИГИ ЖАКАН БӨЛҮМ 20 24 Он эки шакирттин бири, Эгиз деген да ысымы бар Томас Ыйса келген учурда алардын арасында жок эле. 25 Шакирттер ага: «Биз Теңирди көрдүк», – дешти. Бирок ал: «Мен Анын колдорундагы мыктын тагын көрмөйүнчө, мыктын тагы калган жерине жана кабыргаларына колумду тийгизип көрмөйүнчө ишенбейм», – деди. 26 Сегиз күндөн кийин Ыйсанын шакирттери ошол үйгө дагы чогулушту, алардын арасында Томас да бар эле. Эшик бекитилүү болчу, бирок Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» – деди. 27 Андан кийин Томаска кайрылып: «Менин колдорум менен кабыргаларыма колуңду тийгизип көр да, ишенбеген адам болбой, ишенген адам бол!» – деди. 28 Томас Ага: «Теңирим менин! Кудайым менин!» – деп жооп берди. 29 Ыйса ага: «Сен Мени көргөндөн кийин ишенип жатасың, көрбөй ишенгендер бактылуу», – деди. РИМДИКТЕРГЕ БӨЛҮМ 9 221


3 Анткени бир туугандарым, кандаштарым үчүн жалгыз мен каргышка калып, Машайактан ажыратылууну каалар элем. 4 Алар – Ысрайылдын урпактары. Кудай аларды бала кылып алды, даңкка бөлөдү, алар менен келишимдерди түздү, аларга мыйзам да, Кудайга табынуу кызматын да, убадаларды да берди. 5 Түпкү ата-бабалар да алардыкы, Машайак да алардан чыккан. Ал – бардыгынын үстүнөн башкарып турган Кудай. Ага түбөлүк даңк таандык! Оомийин.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Ыйсанын Кудайдык сапаты такыр жокко чыгарылат. Машайакчылар Ыйсанын Кудайдын уулу деп айткандан сестенип турушат, анткени бул Кудайга акарат келтирүү деп эсептелет. 222


БИБЛИЯДА: 1. Библияда болсо Ыйса Тирүү Кудайды Уулу деп айтылат, Ал бардык адамдардан айырмаланып турат. Дал ошон үчүн – Кудайдын Уулумун – деп айтканы үчүн Аны айкач жыгачта өлтүрүшкөн: 54 Ыйса мындай деп жооп берди: «Эгерде Мен Өзүмдү Өзүм даңктап жатсам, анда Менин даңкым эч нерсеге турбайт. Мени Атам даңктайт, силер Аны “биздин Кудайыбыз” дейсиңер. 55 Силер Аны билбейсиңер, Мен болсо билем. Эгерде билбейм десем, анда силер сыяктуу жалганчы болмокмун. Бирок Мен Аны билем жана Анын сөздөрүн сактайм. 56 Атаңар Ыбрайым Менин күнүмдү көрөм деп кубанган жана көрүп кубанды». 57 Ошондо жүйүттөр Ага: «Өзүң элүү жашка чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүңбү?» – дешти. 58 Ыйса аларга: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн, Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун», – деди. 59 Ошондо алар Ыйсаны уруш үчүн, жерден таш алышты. Бирок Ал жашырынып, ийбадатканадан чыгып кетти. Аларды аралап өтүп, кетип калды. (ЖАКАН, БӨЛҮМ 8) 27 Менин койлорум Менин үнүмдү угушат. Мен аларды тааныйм, алар Мени ээрчишет. 28 Мен аларга түбөлүк өмүр берем, алар эч качан өлүшпөйт. Аларды Менин колумдан эч ким тартып ала албайт. 29 Аларды Мага берген Атам баарынан чоң. Аларды Атамдын колунан эч ким тартып ала албайт. 30 Мен жана Атам бирбиз». 31 Ошондо Аны таш бараңга алуу үчүн, жүйүттөр бул жолу да жерден таш алышты. 32 Ыйса аларга: «Мен силердин көз алдыңарда Атамдын атынан көп жакшы иштерди кылдым. Алардын кайсынысы үчүн Мени таш бараңга алгыңар келип жатат?» – деди.

223


33 Жүйүттөр Ага: «Жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акарат келтиргендигиң үчүн, адам болуп туруп, Өзүңдү Кудай кылып жаткандыгың үчүн, таш бараңга алганы жатабыз», – деп жооп беришти. 34 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мыйзамыңарда: Мен силерге: “Силер кудайларсыңар”, – дедим», – деп жазылган эмеспи? 35 Кудайдын Сөзү кимдерге берилсе, ошолорду Ал кудайлар деп атап жатса (Ыйык Жазуу Өз күчүн жоготпойт), 36 Атам тарабынан дайындалып, бул дүйнөгө жиберилген Мен: “Кудайдын Уулумун”, – дегеним үчүн, “Кудайга акарат келтирип жатасың”, – дейсиңерби? 37 Эгерде Мен Атамдын иштерин кылбай жатсам, анда Мага ишенбей эле койгула. 38 Эгерде кылып жатсам, Мага ишенбесеңер да, кылган иштериме ишенгиле. Ошондо Атанын Менин ичимде, Мен Атанын ичинде экенимди билип, ишенип каласыңар». (ЖАКАН, БӨЛҮМ 10) 62 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу ордунан туруп: «Эмне жооп бербейсиң? Булардын Сага каршы айткан айыптоолоруна эмне дейсиң?» – деди. 63 Ыйса үндөгөн жок. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Ага: «Тирүү Кудайдын алдында айт, Теңирдин Уулу Машайак Сенсиңби?» – деди. 64 Ыйса Ага: «Өзүң айтып турасың. Бирок Мен айтып коөюн, Адам Уулунун кудуреттүү Кудайдын оң жагында отурганын жана асмандагы булут үстүндө келе жатканын көрөсүңөр», – деди. 65 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу өзүнүн кийимин айрып жиберип, мындай деди: «Бул Кудайга акарат келтирип жатат! Бизге дагы кандай күбөлөр керек? Мына, Анын Кудайга акарат келтиргенин азыр өзүңөр уктуңар! 66 Буга эмне дейсиңер?» Алар: «Өлүм жазасына татыктуу», – деп жооп беришти. (МАТАЙ, БӨЛҮМ 26) В соответствии с Библией Ыйса является Создателем, а не созданием. 14 Биз Анын сүйүктүү Уулу аркылуу, Уулунун каны аркылуу куткарылдык жана күнөөлөрүбүз кечирилди. 224


15 Ал – көрүнбөс Кудайдын бейнеси, эч нерсе жаратыла электе эле Ал бар болгон. 16 Анткени асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык нерселер: тактылар да, үстөмдүк кылуучулар да, башкаруучулар да, бийликтегилер да Ал аркылуу жаратылган, бардык нерсе Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган. 17 Ал бардык нерседен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат. (КОЛОСАЛЫКТАР, БӨЛҮМ 1) КОРУТУНДУ Ошентип, Куран Ыйсанын Кудайдын Уулумун деп айткан сөзүн Кудайга каршы акарат деп таап, фарисейлер, садукейлер, ыйык кызмат кылуучулар тарапта болуп, Ыйсанын душманы болуп калган, булардын баары дал ошо Ыйса айткан – Кудайдын Уулумун – деген сөзү үчүн Аны өлтүрүшкөн. Ал эми Библия боюнча, Ыйсаны Кудайдын Уулу катары кабыл алгандарга Кудайдын каарынан куткарылуу берилет: 36. Кудайдын Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал эми Ага баш ийбеген адам өмүргө ээ болбойт, Кудайдын каары анын үстүндө болот». (ЖАКАН, БӨЛҮМ 3) 24. Ошондуктан Мен силерге күнөөкөр бойдон өлөсүңөр дедим. Бул Мен экениме ишенбесеңер, күнөөкөр бойдон өлөсүңөр», – деди..(ЖАКАН, БӨЛҮМ 8)

КУРАН “КУДАЙДЫН УУЛУ” СҮРӨ 2 БАКАРА 116. Аллахтын баласы бар - дешет. Аллах Таза. Тескерисинче, Жер жана асмандардагы бардык нерселер Аныкы бардыга Ага моюн сунат. 225


СҮРӨ 17 ИСРАА 111. Жана айткын - Баласы жок, мүлктө шериги жок, кордолгон макулуктардан эч бир жардамчысы да жок Аллахка мактоолор болсун! Жана Аны даӉтап жүр! СҮРӨ 19 МАРЯМ 88. Аллахтын баласы бар - дешти. 89. силер өтө опурталдуу сөз айттыӊар. 90. Бул сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор бырчаланып кетиши мүмкүн! 91. Рахмандын баласы бар - дегендери себептүү! 92. Рахманга бала тутунуунун зарылдыгы жок. 93. Асмандарда жана жердегинин баары Рахманга кул-пенде болуп, келишти. СҮРӨ 21 АНБИЯ 26. Рахмандын баласы бар - дешти. Аллах бала күтүүдөн Аруу-Таза. Андай эмес, алар урматтуу пенделер. 27. Алар Андан озунуп сүйлөшпөйт. Алар анын буйругун гана аткарышат. 28. Алардын келечектерин да, өтүмүштөрүн да билет. Алар ортомчу боло алышпайт. Аллах каалагандар үчүн гана ортомчу боло алышат. Алар Аллахтан коркуп, ырайымына жалдырап турушат. 29. Алардын кимиси мен-кудаймын - десе Биз аны Тозок менен жазалайбыз. Биз заалымдарды ушундай жазалайбыз. СҮРӨ 23 МУ’МИНУН 91. Аллах бала алган эмес! Аны менен бирге башка кудай дагы жок! Андай болсо, ар бир кудай өзү жараткан нерсе менен кетмек жана бирибирине үстөмдүк кылмак. Аллах сыпаттагандан Аруу! СҮРӨ 25 ФУРКАН 226


1. Ааламдарга эскертүүчү болсун деп, пендесине Ажыратуучуну түшүргөн Аллах Улук-Берекеттүү! 2. Ал асмандардын жана Жердин падышасы, Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эӊ назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат.

БИБЛИЯ “КУДАЙДЫН УУЛУ” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 4 21 Теңир Мусага мындай деди: «Мисир жерине кайра барганыңда, байкагын, Мен сага айткан кереметтердин баарын фараондун алдында көрсөт. Мен болсо анын жүрөгүн катуулантып коөм, ошондо ал элди коө бербейт. 22 Фараонго мындай деп айт: Теңир мындай дейт: “Ысрайыл Менин уулум, тун уулум. 23 Мен сага айтып жатам: Менин уулумду коө бер, ал Мага ийбадат кылсын. Эгерде коө бербесең, анда Мен сенин уулуңду, тун уулуңду өлтүрөм”». ЗАБУР БӨЛҮМ 2 1 Дөөттүн забуру. Элдер эмне үчүн дүрбөлөңгө түшүп жатышат, уруулар эмне үчүн ишке ашпай турган нерсени ойлонуштуруп жатышат? 2 Жер жүзүнүн падышалары каршы чыгып жатышат, төрөлөр чогулуп, Теңирге жана Анын Майланганына каршы кеңешип жатышат. 3 Алар: «Алардын чынжырларын үзүп таштайбыз, алардын бизге салган кишендерин алып ыргытабыз», – деп жатышат. 4 Аларга Асманда Жашоочу күлөт, аларды Теңир уят кылат. 5 Ошондо Ал аларга ачуусу келип турганда айтат, Өзүнүн жаалы менен аларды дүрбөлөңгө түшүрөт. 6 «Анткени Мен Өзүмдүн Падышамды ыйык тоом Сиондун үстүнөн койгом. 227


7 Өзүмдүн эркимди алдын ала кабарлайм: Теңир Мага мындай деди: “Сен Менин Уулумсуң. Мен бүгүн Сенин атаң болдум. 8 Менден сура, ошондо Мен Сага элдерди мураска берем, бүт жерди энчиңе берем. 9 Сен аларды темир таяк менен талкалайсың, аларды карапачынын идишиндей сындырасың”». НАКЫЛ БӨЛҮМ 30 4 Асманга көтөрүлүп, кайра түшкөн барбы? Шамалды чогултуп, кош уучуна салып алган барбы? Сууну кийимине түйүп алган барбы? Жердин бүт чектерин ким койду? Анын аты ким? Анын баласынын аты ким? Билесиңби? ЖЕРЕМИЯ БӨЛҮМ 31 1 «Ошол мезгилде, – дейт Теңир, – Мен Ысрайылдын бардык урууларынын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат». 8 Мына, Мен аларды түндүк жеринен алып келем, аларды жер кыйырынан чогултам. Алардын арасында сокуру да, аксагы да, кош бойлуусу да, жаңы эле төрөгөнү да болот. Бул жерге калың эл кайтып келет. 9 Алар ыйлап кетишкен, Мен болсо аларды сооротуп алып келем. Мен аларды суунун бою менен, мүдүрүлбөй турган түз жол менен алып келем, анткени Мен Ысрайылдын атасымын, Эпрайым Менин тунум. ОШУЯ БӨЛҮМ 11 1 Таң атканда Ысрайыл падышасы өлөт! Ысрайылды Мен жаш чагынан сүйдүм, Мен уулумду Мисирден чакырып алдым. ЛУКА БӨЛҮМ 3 21 Бардык эл сууга чөмүлдүрүлүп жатканда, Ыйса да чөмүлдүрүлдү. Ал сыйынып жатканда, асман ачылып, 22 Ыйык Рух дене түрүндө, көгүчкөн сыяктуу Анын үстүнө түштү. Анан асмандан «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын!» деген үн угулду. 228


23 Ыйса Өзүнүн кызматын баштаганда, отуз жаштын тегерегинде эле. Адамдардын ою боюнча Ал – Жусуптун, Эйлинин, 2-ПЕТИР БӨЛҮМ 1 1 Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын адилеттиги аркылуу баалуу ишенимди биз сыяктуу эле кабыл алгандарга Ыйса Машайактын кулу жана элчиси Шымон Петирден салам! 16 Анткени Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү жана Анын келиши жөнүндө силерге куулук менен ойдон чыгарылган тамсилдерге негизденип айткан эмеспиз, биз Анын улуулугун өз көзүбүз менен көргөнбүз. 17 Себеби Машайак даңктуу улуу Кудайдын «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген үнүн укканда, Кудай Ата Аны урмат-сыйга жана даңкка бөлөгөн. ЭЛЧИЛЕРДИН ИШТЕРИ БӨЛҮМ 13 29 Ал жөнүндө жазылган сөздөрдүн бардыгын иш жүзүнө ашырышкандан кийин, Анын сөөгүн жыгачтан түшүрүп, көргө коюшту. 30 Бирок Кудай Аны тирилтти. 31 Ал Өзү менен бирге Галилеядан Иерусалимге келгендерге бир нече күн көрүнүп жүрдү. Алар – азыр да эл алдында Анын күбөлөрү. 32 Кудай ата-бабаларыбызга берген Өзүнүн убадасын алардын балдары – биз үчүн аткарганын, аны Ыйсаны тирилтүү менен аткарганын силерге жарыялап жатабыз. 33 Бул жөнүндө экинчи Забурда мындай деп жазылган: “Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум”. ЭВРЕЙЛЕРГЕ БӨЛҮМ 1 1 Буга чейин ата-бабаларыбызга пайгамбарлар аркылуу ар кандай жолдор менен сүйлөп келген Кудай 2 акыркы күндөрдө бизге Уулу аркылуу сүйлөдү. Ал аркылуу Кудай ааламды жараткан жана Аны баарына мураскор кылып дайындаган. 3 Уул Теңирдин даңкын чагылдырып турат, Ал – Анын табиятынын толук көчүрмөсү. Ал Өз Сөзүнүн күчү менен бардык нерсени кармап турат. 229


Күнөөлөрдөн тазалоону ишке ашыргандан кийин, Ал асмандагы улуу Кудайдын оң жагына отурду. 4 Периштелерден Ал канчалык жогору болсо, алардын алдында Анын мураска алган ысымы да ошончолук жогору. 5 Кудай периштелердин кимисине: «Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум» же «Мен Ага Ата болом, Ал Менин Уулум болот», – деп айтты эле? 6 Тун Уулун дүйнөгө кайра дагы алып киргенде, Ал мындай дейт: «Кудайдын бардык периштелери Ага табынышсын». 7 Периштелер жөнүндө Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «Сен Өзүңдүн периштелериңди шамал, кызматчыларыңды жалындаган от кыласың». 8 Ал эми Уул жөнүндө мындай деп айтылган: «Оо, Кудай, Сенин тактың түбөлүктүү, Сенин Падышачылыгыңдын таягы – адилеттик таягы.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Куран боюнча «Кудайдын Уулу» деп эч бирөө атала албай турганы абзел.

БИБЛИЯДА: 1. Биз көрүп турабыз, Кудай Ысрайыл элин «Менин уулум» деп атаган: 22. “Ысрайыл Менин уулум, тун уулум. Ошондой эле Кудай Машайакты – Менин уулум – деп атаган: 6 «Анткени Мен Өзүмдүн Падышамды ыйык тоом Сиондун үстүнөн койгом. 7 Өзүмдүн эркимди алдын ала кабарлайм: Теңир Мага мындай деди: “Сен Менин Уулумсуң. Мен бүгүн Сенин атаң болдум.

230


КУРАН “ТӨӨ ЖАНА ИЙНЕНИН ТЕШИГИ” СҮРӨ 7 А’РАФ 40. Биздин аяттарыбызды жалган деп, текеберленген адамдарга асман эшиктери ачылбайт. Алар төө ийненин тешигинен өтмөйүнчө Бейишке кире алышпайт. Биз кылмышкерлерди ушинтип жазалайбыз.

БИБЛИЯ 231


“ТӨӨ ЖАНА ИЙНЕНИН ТЕШИГИ” МАТАЙ БӨЛҮМ 19 21 Ыйса ага: «Эгерде жеткилең болууну кааласаң, бар да, мал-мүлкүңдүн баарын сатып, жардыларга таратып бер. Ошондо асманда казынаң болот. Анан келип, Менин артымдан ээрчи», – деди. 22 Бул сөздү укканда, жигит капаланып кетип калды. Анткени анын малмүлкү көп эле. 23 Ыйса шакирттерине мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коөюн, бай адамдын Асман Падышачылыгына кириши кыйын. 24 Дагы айтарым, бай адамдын Асман Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, ийненин көзүнөн төөнүн өтүүсү оңоюраак». 25 Муну уккан шакирттер аябай таң калышып: «Анда ким куткарылат?» – дешти. 26 Ыйса болсо аларды карап: «Адамдар муну кыла алышпайт, ал эми Кудай бардыгын кыла алат», – деди.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Ишенбегендер төө ийненин көзөнөгүнөн өтмөйүнчө бейишке кире алышпайт. Куран Ыйсанын айткандарын колдонот, бирок ал контексттик мааниси жок колдонот, ошондой эле айтылып жаткандын кимден, кайдан келгени айтылбайт.

БИБЛИЯДА: 1. Ыйса баардык ишенген адамдар тууралуу эмес, бай адам тууралуу айтты. Байлыктан бакыт издегендерге Кудайга ишенүү кыйын дегенди айткан. ... бай адамдын Асман Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, ийненин көзүнөн төөнүн өтүүсү оңоюраак.

232


Бирок ошондо да үмүт бар: Адамдар муну кыла алышпайт, ал эми Кудай бардыгын кыла алат

КУРАН “ЫЙСА СООРОТУУЧУ ТУУРАЛУУ АЙТКАН” СҮРӨ 61 САФФ 6. Эстегин, Марямдын уулу Ыйса деди - О, Исрайил урпактары! Мен силерге Аллахтан жиберилген Пайагамбар боломун. Өзүмдөн мурдагы Тооратты тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон Пайгамбар жөнүндө сүйүнчү кабар айтамын. Анан качан ал аларга анык далилдерди алып келгенде бул анык сыйкырго! - дешти.

БИБЛИЯ 233


“ЫЙСА СООРОТУУЧУ ТУУРАЛУУ АЙТКАН” ЖАКАН БӨЛҮМ 14 16 Мен Атамдан өтүнүп сурайм, Атам силерге башка Сооротуучуну, чындык Рухун берет: Ал түбөлүк силер менен болот, 26 Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат. ЖАКАН БӨЛҮМ 15 26 Мен силерге Сооротуучуну жиберем. Атамдан чыгып келе турган Ал чындык Руху келгенде, силерге Мен жөнүндө күбөлөндүрөт. ЖАКАН БӨЛҮМ 16 7 Бирок силерге чындыкты айтып коөюн, Менин кеткеним силер үчүн жакшы! Эгерде кетпесем, силерге Сооротуучу келбейт. Эгерде кетсем, Аны силерге жиберем. 13 Чындык Руху келгенде, силерди чындыкка үйрөтөт. Ал Өз атынан сүйлөбөйт, эмнени укса, ошону айтат жана силерге келечекте эмне болорун билдирет. 14 Ал Мени даңктайт, анткени Менден алганын силерге билдирет. ЭЛЧИЛЕРДИН ИШТЕРИ БӨЛҮМ 1 6 Ошондуктан алар бир жерге чогулушканда, Ыйсадан: «Теңир, Сен Ысрайыл элинин падышачылыгын ушул убакытта калыбына келтиресиңби?» – деп сурашты. 7 Ыйса болсо аларга мындай деп жооп берди: «Атанын Өз бийлиги менен белгилеген убакыттарын, мөөнөттөрүн билүүнүн силерге кереги жок. 8 Бирок үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндөн кийин, күч аласыңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө Менин күбөлөрүм болосуңар». ЭЛЧИЛЕРДИН ИШТЕРИ 234


БӨЛҮМ 2 1 Элүүнчү күн майрамында алардын бардыгы бир жерге чогулушту. 2 Бир маалда асмандан катуу шамалдын добушундай болгон добуш чыгып, алар отурган үйдүн ичин толтурду. 3 Анан жалындай болгон тилдер бөлүнүп-бөлүнүп, алардын ар биринин үстүнө түштү. 4 Ошондо бардыгы Ыйык Рухка толуп, Рух берген тилге жараша ар кандай тилдерде сүйлөй башташты. РИМДИКТЕРГЕ БӨЛҮМ 8 9 Эгерде силердин ичиңерде, чын эле, Кудайдын Руху жашап жатса, анда силер күнөөкөр табиятыңардын каалоосу боюнча эмес, Рухтун каалоосу боюнча жашап жатасыңар. Кимде Машайактын Руху жок болсо, ал Машайактыкы эмес. 10 Эгерде Машайак силердин ичиңерде болсо, анда денеңер күнөө үчүн өлүк, бирок рухуңар адилдик үчүн тирүү. 11 Эгерде Машайак Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын Руху силердин ичиңерде жашап жатса, анда Машайак Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудай силердин ичиңерде жашаган Өз Руху менен силердин өлүк денеңерди да тирилтет. 12 Ошондуктан, бир туугандар, күнөөкөр табиятыбыздын каалоосу боюнча жашагыдай, күнөөкөр табиятыбызга карыздар эмеспиз. 13 Анткени күнөөкөр табиятыңардын каалоосу боюнча жашасаңар, анда өлөсүңөр. Ал эми күнөөкөр табияттын иштерин Рухтун жардамы менен өлтүрсөңөр, анда тирүү болосуңар. 14 Анткени Кудайдын Рухунун жетеги менен жүргөндөрдүн баары – Кудайдын балдары. 15 Себеби силер кайрадан коркунуч менен жашоо үчүн кулдуктун рухун кабыл алган жоксуңар, тескерисинче, Кудайдын баласы кылган Рухту кабыл алдыңар. Ошол Рух аркылуу: «“Абба!”, Ата!» – деп чакырабыз. 16 Ошол Рухтун Өзү биздин рухубузга Кудайдын балдары экенибизди күбөлөндүрүп жатат. 1-КОРУНТТУКТАР БӨЛҮМ 12 235


13 Жүйүт да, эллин да, кул да, эркин адам да – баарыбыз бир Рухка, бир денеге чөмүлүп, бир Рухтан ичкенбиз. 2-КОРУНТТУКТАР БӨЛҮМ 1 21 Машайак аркылуу силерди да, бизди да бекемдеген жана бизди майлаган – Кудай. 22 Мөөрүн басып, жүрөгүбүзгө Рухту аманат кылып салып берген да – Ал. ГАЛАТИЯЛЫКТАР БӨЛҮМ 3 13 Ыбрайымга берилген бата Ыйса Машайак аркылуу бутпарастарга да берилиши үчүн жана биз ишеним аркылуу убадаланган Рухту алышыбыз үчүн,

ГАЛАТИЯЛЫКТАР БӨЛҮМ 4 6. А как вы - сыны, то Кудай послал в сердца ваши Духа Сына Своего, вопиющего: Авва, Отче! 2-ТЕСАЛОНИКАЛЫКТАР БӨЛҮМ 2 13 Теңир сүйгөн бир туугандарым, биз силер үчүн Кудайга дайыма ыраазычылык билдирүүгө милдеттүүбүз, анткени Рух аркылуу ыйыкталып, чындыкка болгон ишенимиңер аркылуу куткарылышыңар үчүн, Кудай силерди башында эле тандап алган. 1-ПЕТИР БӨЛҮМ 1 1 Ыйса Машайактын элчиси Петирден Понтко, Галатияга, Кападокияга, Асияга жана Битинияга тараган, ошол жерлерде келгин болуп жашап жаткан, 2 Кудай Атанын алдын ала билүүсү боюнча, Рухтун ыйыктоосу менен, тил алуу үчүн жана Ыйса Машайактын каны аркылуу тазалануу үчүн тандалгандарга салам! Кудай силерге мындан ары да ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин! 236


1-ЖАКАН БӨЛҮМ 3 24 Ким Кудайдын осуяттарын аткарса, ал Кудайдын ичинде болот жана Кудай ал адамдын ичинде болот. Анын биздин ичибизде экенин бизге берген Руху боюнча билебиз. АЯН БӨЛҮМ 22 16 Мен, Ыйса, ушуну силерге Жыйындарда күбөлөндүрүшү үчүн, Өзүмдүн периштемди жибердим. Мен Дөөттүн тукумунан чыккан таңкы жарык жылдызмын». 17 Рух менен колукту: «Кел!» – дешет. Муну уккан да: «Кел!» – десин. Суусаган келсин, каалоочу өмүр суусун бекер эле алсын.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Ыйса өз максатын (миссиясын) шакирттерине ачып берди: подтвердитӊ закон Моисея и рассказатӊ “…Өзүмдөн мурдагы Тооратты тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон Пайгамбар жөнүндө сүйүнчү кабар айтамын…”. БИБЛИЯДА: 1. Ыйса Өзүнөн кийин Сооротуучуну жиберем деп убада берген, бирок ал адам эмес эле. Сооротуучу - Кудайдын Ыйык Рух эле. Ыйык Рух Ыйсанын шакирттеринин үстүнө Элүүнчү күн майрамында түшкөн. (ЭЛЧИЛЕРДИН ИШТЕРИ 2:1-4). Ошол күндөн тартып машайакчылар Сооротуучуну күтүп келишпейт, алар Ыйсанын кайра келишин күтүп келишет. “…Рух менен колукту: «Кел!» – дешет. …” ( АЯН БӨЛҮМ 22:17) “…Муну күбөлөндүрүүчү мындай дейт: «Ооба, Мен жакында келем!» Оомийин. Ооба, кел, Теңир Ыйса!…” ( АЯН БӨЛҮМ 22:20) 237


КОРУТУНДУ КУРАНДА жана БИБЛИЯДА Ыйсанын бул дүйнгө келген максаты бири биринен такыр айырмаланып турат, окшош болуп калган нерсе – бул Ыйса деген гана ысым. Куран боюнча Ыйса Өзүнөн кийин келе турган, маанилүүлүгү боюнча, миссиясы боюнча Андан да улуу бир пайгамбар келе турганын айтат. Библиялык Ыйса болсо – илгертен бери убада кылынып келген, жалгыз Куткаруучу Машайак экенин, шайтандын бийлигин түп-орду менен жок кылуучу экенин, күнөөнү тамырынан жок кылуучу экенин айтат. Бул нерселерден кийин Ыйсадан кийин башка пайгамбардын кереги жок болуп калат.

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ КУРАНДЫН ДОКТРИНАЛАРЫ (ОКУТУУЛАРЫ) БӨЛҮМ 1 ЫЙЫК СОГУШ (ДЖИХАД) КУРАН “СОГУШ, ЭВРЕЙЛЕР ЖАНА МАШАЙАКЧЫЛАР, АЛЛАХКА ИШЕНБЕГЕНДЕР ҮЧҮН ЖАЗА” СҮРӨ 2 БАКАРА 190. Аллахтын жолунда силерге согуш ачкандарга каршы согушкула жана чектен чыкпагыла - Аллах чектен чыккандарды сүйбөйт. 191. Аларды тапкан жериӉерде өлтүргүлө, силерди сүрүп чыгарган жерден аларда да сүрүп чыгаргыла. Фитна адам өлтүрүүдөн да жаман. Алар менен Масжид Ал-Харамдын алдында силерге каршы согушмайынча согушпагыла, Эгер алар согушту баштаса, анда өлтүрө бергиле, каапырлардын жазасы ушундай. 238


192. Эгер токтотушса анда, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү. 193. Качан фитна жок болмоюнча жана дин Аллах үчүн болмоюнча согуша бергиле. Эгер токтошсо, заалымдарынан башкаларына тийбегиле. 243. Өлүмдөн качып, журттарынан чыккан миӊдеген адамдарды укпадыӊ беле? Аллах аларга - Өлгүлө! - деди. Анан аларды кайра тирилтти. Албетте, Аллах адамдарга пазилеттүү. Бирок, көпчүлүк адамдар шүгүр кылышпайт. 244. Аллахтын жолунда согушкула жана билгиле, Аллах - Угуучу, Билүүчү! СҮРӨ 5 МАИДА 33. Аллахка жана Пайгамбарларына каршы согуш, жер бетинде бузукулук таратып жүргөн адамдардын жазасы - өлтүрүлүү же асып өлтүрүлүү, кол-буттары каршы-терши кылып кесилүү же болбосо, жерден сүргүн кылынуу. Бул аларга дүйнөдө шерменде жана Акыретте аларга улуу азап бар. 34. Ал эми, колого түкөнгө чейин, өздөрү тооба кылып келишсе, билип койгула, Аллах- Кечиримдүү, Ырайымдуу. 35. О, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула, Ага жакын болуунун жолдорун издегиле жана Анын жолунда жихад кылгыла. Силер жеӊишке жетсеӊер ажеп эмес. 51. О, ыйман келтиргендер! Яхудийлер менен христиандарды дос тутпагыла! Алар бири-биринин достору. Силерден кимде-ким аларды дос тутса, демек, ал - ошолордон! Албетте, Аллах заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт. СҮРӨ 8 АНФАЛ 15. О, момундар. Эгер чабуулга өткөн каапырларга жолуксаӊар аларга артыӊарды салып качпагыла. 16. Ким ошол күндө аларга артын салса, Аллахтын каар-казабын сатып алган болот жана жайы Тозок. Ал кандай жаман орун. Бирок, согуш эрежесин өзгөртүү же болбосо, жамаатка кошулуу максатында артын салса. 17. Аларды силер өлтүрбөдүӉөр бирок, Аллах өлтүрдү. Атканда сен атканыӉ жок, Аллах атты. Жана Өзү тарабынан момундарга жакшынакай сыноо болсун үчүн. Чынында - Аллах Угуучу, Билүүчү. 239


18. Ушул жеӊишиӊер жана Аллах акыйкатта, каапырлардын амалдарын алсыратуучу. 38. каапырларга айт - Эгер токтотушса, өткөн күнөөлөрү кечирилет. Эгер улантышса, мурункулардын жолун өткөн. 39. каапырларга каршы, фитна калбай калганга чейин жана дин өкүмдүн бардыгы Аллахка таандык болгонго чейин согуша бергиле. Эгер токтотушса, Аллах жасаган иштерин Көрүүчү. 40. А, эгер жүз бурушса, билгиле, силердин башчыӊар - Аллах! Ал мыкты Башчы жана мыкты Жардамчы. 41. Эгер силер Аллахка жана Өз пендебизге түшүргөн нерсеге ишенген болсоӉор, билип алгыла, ажыратылган жана эки жамаат жолугушкан күндө, олжого алган нерсеӉерден бештен бир бөлүгү - Аллахка жана Пайгамбарына, тууган-уруктарга, жетимдерге, кедейлерге жана мусапырларга. Алаах ар нерсеге Кудуреттүү. 58. Эгер бир коомдун кыянат кылуусунан корксоӉ, убадакелишимдерин таштап сал. Барабар. Чынында, Аллах кыянатчыларды сүйбөйт. 59. Каапыр адамдар өтүп кеттик - деп ойлошпосун. Алар алсыз калтыра алышпайт. 60. Аларга колуӉардан келген бардык күч-кубатты - жабдыкталган аттарды даярдап койгула! Аны менен Аллахтын жана өзүӊөрдүн душмандарыӊарга жана да Аллах гана билип, силер билбеген башка адамдарга айбат-сүр көргөзөсүӊөр. Аллахтын жолунда эмнени сарп кылсаӊар өзүӊөргө зулум кылынбаган абалда толугу менен кайтарылат. 61. Эгерде алар тынчтыкка ыктаса, сен да тынчтыкка умтул жана Аллахка тобокел кыл. Аныгында, Ал - Угуучу, Билүүчү. 62. Эгерде сени алдоону каалашса, сага Аллах жетиштүү - Ал сени Өзүнүн жардамы жана момундар менен колдогон. 63. Жана алардын жүрөктөрүн үлпөт-дос кылып койду. Эгер сен жер бетиндеги бардык байлыкты сарп кылсаӊ да, алардын жүрөктөрүн дос кыла албайт элеӊ. Бирок, аларды Аллах дос кылды. Чынында, Аллах Кудуреттүү, Даанышман. 64. О, Пайгамбар! Сага жана сени ээрчиген момундарга Аллах жетиштүү. 65. О, Пайгамбар! Момундарды согушка кайраттандыр! Эгер силерден жыйырма гана сабырдуу эр жүрөктөр болсо, эки жүздү, ал эми, силерден жүз болсо, каапырлардан миӊди жеӊе алат. Мунун себеби, алар түшүнбөгөн адамдар. 240


66. Эми, Аллах силерден жеӊилдетти. Жана силерде алсыздык бар экенин билди. Эми, силерден жүз сабырдуу болсо, эки жүздү жеӊет, эгер силерден миӊ болсо, Аллахтын уруксаты менен эки миӊди жеӊет, Аллах сабырдуулар менен. 67. Качан жер бетинде болуусу мүмкүн эмес болчу. Силер дүйнө пайдасын каалайсыӊар. Аллах болсо, Акыретти каалайт. Аллах -Кудуреттүү, Даанышман. СҮРӨ 9 ТАУБА 1. Аллах жана Пайгамбары тарабынан силер убада келишим түзгөн мушриктер үчүн кутулуу. 2. Төрт ай ичинде жер бетинде жүрө бергиле. Жана билип алгыла, силер эч качан Аллахты алсыз кыла албайсыӊар. Аллах каапырларды шерменде кылуучу. 3. Аллах жана Пайгамбары тарабынан чоӊ ажы күнү болгондо адмдарга, Аллах жана Пайгамбары мушриктерден таза экенин жарыялап коюу. Эгер тооба кылсаӊар, өзүӊөргө жакшы. Эгер жүз бурсаӊар, билип койгула, силер Аллахты алсыз калтыруучу эмессиӊер. Жана каапырларга жан ооруткан азаптын кабарын берип кой. 4. Ал эми, силер келишим түзгөн мушриктер эч нерсени бузбаса жана силердин эч бир душманыӉарга жардам бербесе, анда алардын келишимдери өз мөөнөтүнө чейин толук сактагыла. Аллах такыба кишилерди сүйөт. 5. Эми, качан Ал-Хурум айлары чыгаары менен, мушриктерди тапкан жериӉерде өлтүргүлө, туткундагыла, курчоого алгыла жана ар бир жолдоруна күтүп отургула. Эгерде тооба кылып, намаз окуп, зекет беришсе жолдоруна токоол болбогула. Чынында, Аллах- Кечиримдүү, Ырайымдуу. 6. Эгер мушриктердин бири сенден коргоо кепилдик сураса, аны -Аллахтын Сөзүн укканга чейин - өз кепилдигиӉе ал. Андан соӉ аны өзүнүн тынч мекенине жеткирип кой. Бул алардын билимсиз коом болгону үчүн. 7. мушриктерге кантип, Аллах жанан Анын Пайгамбары тарабынан убада болсун? Эми, Масжидал-Харамдын астында убадалашкан кишилер үчүн гана. Качан силер үчүн түз турушса, силер дагы түз тургула. Албетте Аллах корккон адамдарды сүйөт. 241


8. Кантип. Чынында, алар эгер силерден үстөм-жогору болушса, силер жөнүндөгү убадага да, милдеттенмега да карашпайт. Ооздору менен силерди ыраазы кылса да, жүрөктөрү көнбөй турат. Жана алардын көпчүлүгү бузукулар! 9. Аз гана баага Аллахтын аяттарын сатып жиберишет жана Аллахтын жолунан тосушат. Алардын жоруктары кандай жаман. 10. Момун жөнүндөгү келишимге да милдеттенмеге да карашпайт. Жана алар ашынып, чектен чыккан адмдар. 11. Эгер тооба кылып, намаз окуп, зекетти берип калышса, анда алар диндеш биртууганыӉар. Биз Өз аяттарыбыды билген коом үчүн ачыкайкын баяндайбыз. 12. Жана эгер келишимге кол койгондорунан кийин ант-убадаларын бузушса жана силердин диниӊерди айыпташса, каапырлардын башчыларына каршы согушкула. Чынында аларда, ант деген болбойт. Кана эми, алар токтошсо! 13. Өздөрү биринчи баштап, ант-убадаларын бузган жана Пайгамбарды чыгарууга жан үрөп аракеттенген адамдарга каршы согушпайсыӊарбы? Эмне, алардан коркосуӊарбы? Аллахтан коркушуӊарга Ал көбүрөөк акылуу эмеспи, эгер момун болсоӊор? 14. Аларга каршы согушкула! Аллах силердин колуӊар менен аларга азап берип, шерменде кылып, силерге жардам берет жана момундардын жүрөктөрүн айыктырат. 15. Жана жүрөктөрүнүн ачуусун кетирет. Жана Аллах алардан каалагандарынын тообасын кабыл алат. Аллах Билүүчү, Даанышман. 29. Аллахка да, Акыретке да ишнебеген, Аллах жана Пайгамбарды арам кылган нерсени «арам» дебеген жана акыйкат динди кармабаган Китеп ээлерине каршы, качан өз колдору менен, моюн сунган абалда жизя салыгын тапшырмайынча согуша бергиле. 30. Яхудийлер - Узайир Аллахтын баласы - дешти. Христиандар - Ыйса -Аллахтын баласы - дешти. Бул алардын оозундагы сөздөрү. Алар мурунку каапырлардын сөздөрүнө окшош. Аллах куруткурлар. Кайда бара жатышат. 31. Алар Аллахты коюп, өздөрүнүн дини аалымдары менен кечилдерин жана Марямдын уулу Ыйсаны кудай кылып алышты. Алар жалгыз Кудайга гана ибадат кылууга буюрулган эле. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Өзү бар. Ал каапырлар кошкон шериктерден Таза. 32. Алар Аллахтын Нурун ооздору менен үйлөп өчүрүүнү каалашат. Бирок, Аллах каапырлар жаман көрсө да, Өз Нурун толук таралуусунан башкасына ыраазы болбойт. 242


33. Ал Өз Пайгамбарын, Туура Жол жана акыйкат дин менен - эгер мушриктер жаман көрүшсө да - бардык диндерден үстөм-жогору кылуу үчүн жиберген. 34. О, ыйман келтиргендер! Көпчүлүк дин аалымдары менен кечилдери адамдардын дүйнө мүлкүн арам жолдор менен жешет. Жана адамдарды Аллахтын жолунан тосушат. Ал эми, алтын-күмүштөрдү жыйнап, аларды Аллахтын жолуна иштетпегендерге жан ооруткан азаптын кабарын бергин. 38. О, ыйман келтиргендер! Силреге эмне болду, Аллахтын жолунда чыккыла - деп айтылганда жерге оор отуруп калдыӊар? Эмне, силер Акыреттин ордуна жер жашоосуна ыраазы болуп калдыӉарбы? Акыреттин алдында дүйнө жошоосу аз нерсе го? 39. Эгер чыкпасаӉар Аллах силерди катуу азапка салып, ордуӊарга башка коомду алып келет. Силер Ага эч нерсени зыян келтире албайсыӊар. Аллах ар нерсеге кудуреттү. 41. Жеӊилдик мезгилде да, оорчулук мезгилде да чыга бергиле жана Аллахтын жолунда малыӊар, жаныӊар менен жихад кылгыла! Эгер билсеӊер, бул өзүӊөргө жакшы. 73. О, Пайгамбар! Каапырлар менен мунаафыктарга каршы жихад кыл жана аларга өктөм бол! Алардын жайы - тозок! Ал кандай жаман орун! 111. Чынында, Аллах момундардын жандары менен мал-мүлктөрүн, аларга Бейишти берүү менен сатып алат. Алар Аллах жолунда согушуп, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт. Тоорат, Инжил жана Курандагы Аллахтын анык убадасы. Өз убадасын Аллахтан жакшыраак ким аткара алат? Бул - чоӊ бакыт! СҮРӨ 47 МУХАММЕД 4. Эгер каапырларга жолугуп калсаӉар, мойнуна ургула! Эми, качан аларды жеӉип алсаӉар, туткундап алгыла. Андан кийин же эч нерсе албай азат кылып жибересиӉер, же болбосо төлөм-акы алып коюп жибересиӉер. Согуш бүткөнгө чейин. Ушундай. Ал эми, Аллах кааласа аларды жеӊип коймок. Бирок, бирөөӊөрдү бирөөӊөр менен сынап алуу үчүн. Жана Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн адамдардын амалдарын эч качан текке кетирбейт. 5. Аллах аларды жолдойт жана иштерин оӊдойт. 6. Жана аларды өздөрүнө тааныткан Бейишке киргизет. СҮРӨ 48 243


ФАТХ 13. Кимде-ким Аллахка жана Анын Пайгамбарына ыйман келтирбесе, Биз каапырларга тозокту даярдап койгонбуз. 14. Асмандардын жана жердин мүлк-падышалыгы Аллахка таандык. Ал каалаган пендесин кечирет жана каалаган пендесин азапка салат. Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу! 29. Мухаммед - Аллахтын элчиси! Аны менен бирге болгон кишилер каапырларга катуу-өктөм, бири-бирине боорукер! Сен аларды рукусажда кылган абалында Аллахтан пазилет жана ыраазычылык сурап жаткандарын көрөсүӊ. Алардын жүздөрүндө сажданын белгилери бар. Бул алардын Тоораттагы сыпаттары. Ал эми алардын Инжилдеги сыпаттары өзүнөн көп шак бутак чыгарып, кубаттанып, анан жоон болуп, ана денесин кере түздөп, дыйкандарды таӊ калтырган дарак сыяктуу. Каапырлардын көӊүлүн чөктүрүү үчүн. Аллах алардын арасынан ыйман келтирип, салих амал кылган момундарга кечирүүнү жана улук соопту убада кылды. СҮРӨ 62 ЖУМА 5. Тооратты көтөргөнү менен, кийин аны көтөрбөгөн адамдар, үстүнө көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Аллахтын аяттарын жалганга чыгарган коомдун тамсили кандай жаман! Аллах заалым коомду Туура Жолго баштабайт. 6. Айткын - О, яхудийлер! Эгер силер -Бардык адамдар эмес, мына биз гана Аллахтын сүйгөн пенделерибиз- деп ойлосоӊор, анда өлүмдү тилегиле, эгер чынчыл болсоӉор. 7. Алар жасаган иштери себептүү эч качан өлүмдү сагынышпайт. Аллах заалымдарды Билүүчү. 8. Айт - силер качып жүргөн өлүмгө албетте жолугасыӊар. Кийин, көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчүгө кайтасыӊар. Ал силерге жасаган иштериӊердин кабарын билдирет. СҮРӨ 66 ТАХРИМ 9. О, Пайгамбар! Каапырлар менен мунафыктарга каршы жихад кыл жана чечкиндүү бол! Алардын бараар жери - тозок! Кандай жаман акыбет!

244


БИБЛИЯ “СОГУШ, ЭВРЕЙЛЕР ЖАНА МАШАЙАКЧЫЛАР, АЛЛАХКА ИШЕНБЕГЕНДЕР ҮЧҮН ЖАЗА” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 23 4 Эгерде душманыңдын адашкан өгүзүн же эшегин тапсаң, аны ээсине алып барып бер. 5 Эгерде душманыңдын эшеги жыгылып, көтөргөн жүгүнүн астында калганын көрсөң, талаага таштабай, анын жүгүн чечиш. МЫЙЗАМ КАЙТАЛОО БӨЛҮМ 22 1 Бир тууганыңдын жоголуп кеткен өгүзүн же коюн таап алсаң, аны таштап салбай, бир тууганыңа кайтарып бер. 2 Эгерде малдын ээси алыс жашаса, же анын ким экенин билбесең, анда ал малды өз үйүңө алып кел. Малдын ээси өзү издеп келгиче, үйүңдө кармап тур, анан кайтарып бер. 3 Жакыныңдын жоготуп алган эшегин таап алсаң да, кийимин таап алсаң да, буюмун таап алсаң да, ошондой кыл. Бул айтылгандан четтебе. 4 Жакыныңдын эшеги же өгүзү жолдо жыгылып калганын көрсөң, таштап кетпе, ага аларды тургузууга жардам бер. 2-ПАДЫШАЛАР БӨЛҮМ 6 18 Сириялыктар Элишага жакындап келген кезде, ал Теңирге: «Аларды сокур кылып сал», – деп сыйынды. Элишанын сөзү боюнча Теңир аларды сокур кылып салды. 19 Элиша аларга: «Бул силер түшүүчү жол эмес, силер баруучу шаар эмес. Менин артымдан ээрчигиле, мен силерди издеп жүргөн кишиңерге алып барам», – деди. Элиша аларды Самарияга алып келди. 20 Алар Самарияга келишкенде, Элиша: «Теңир! Булардын көзүн ач, көрүшсүн», – деди. Теңир алардын көзүн ачканда, алар өздөрүнүн Самариянын ортосунда турушканын көрүштү. 245


21 Буларды көрүп, Ысрайыл падышасы Элишадан: «Ата, буларды өлтүрөйүнбү?» – деп сурады. 22 Ал: «Өлтүрбө. Өлтүргүдөй, сен буларды кылыч шилтеп, жаа тартып, туткундап келдиң беле? Булардын алдына нан, суу кой. Ичип-жешсин да, өз падышасына барышсын», – деди. 23 Ошентип, аларга мол тамак даярдалды, алар ичип-жешти. Анан аларды коө берди, алар өз падышасына кетишти. Ошондон кийин сириялык бул аскер тобу Ысрайыл жерине келген жок. НАКЫЛ СӨЗДӨР БӨЛҮМ 25 21 Душманың ачка болсо, нанга тойгуз, суусап турса, суусунун кандыр. 22 Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок үйөсүң. Ошондо Теңир сага тиешеңди берет. МАТАЙ БӨЛҮМ 5 1 Ыйса элди көргөндө, тоого чыкты. Ал отургандан кийин, шакирттери жанына келишти. 9 Тынчтык орнотуучулар бактылуу, анткени алар “Кудайдын уулдары” деп аталышат. 10 Чындык үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы. 11 Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. 12 Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан. 38 Силер: “Көзгө көз, тишке тиш”, – деп айтылганын уккансыңар. 39 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: жамандык кылган адам менен каршылашпа; оң жаагыңа чапкан адамга сол жаагыңды тосуп бер. 40 Сени менен соттошуп, көйнөгүңдү алгысы келген адамга сырт кийимиңди да бер. 41 Сени өзү менен бирге бир чакырым жол жүрүүгө мажбурлаган адам менен эки чакырым жол жүр. 42 Сураганга бер, карыз сураган адамга тескери караба. 246


43 “Жакыныңды сүй, душманыңды жек көр”, – деп айтылганын уккансыңар. 44 Ал эми Мен силерге мындай демекчимин: душманыңарды сүйгүлө, силерди каргагандарга батаңарды бергиле. Силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла. Силерди таарынткандар үчүн жана куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла. 45 Ошондо силер асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар. Анткени Ал Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат. 46 Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи. 47 Эгерде бир туугандарыңар менен гана саламдашсаңар, анда эмне өзгөчөлүгүңөр бар? Бутпарастар деле ошентишет эмеспи. 48 Ошондуктан асмандагы Атаңар кандай жеткилең болсо, силер да ошондой жеткилең болгула. МАТАЙ БӨЛҮМ 10 11 Кайсы гана шаарга же кыштакка барбагыла, ал жерден ылайыктуу бирөөнү сураштырып таап, кеткениңерче, ошонукунда калгыла. 12 Үйгө киргенде, саламдашып: “Бул үйгө тынчтык келсин!” – дегиле. 13 Эгерде ал үйдө тынчтыкты кабыл алууга татыктуулар болсо, тынчтыгыңар аларга келет. Эгерде татыктуулар жок болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келет. 14 Ал эми ким силерди кабыл албаса жана сөзүңөргө кулак салбаса, ал үйдөн же ал шаардан чыгып бара жатканыңарда, бутуңардагы чаңды күүп койгула. ТИТКЕ БӨЛҮМ 3 1 Ишенгендерге эскерт: алар башкаруучулар менен бийликтегилерге баш ийишсин, тил алышсын жана бардык жакшы иштерди жасоого даяр болушсун, 2 эч кимге жаман сөз айтышпасын, жаңжалчыл эмес, жоош болушсун жана бардык адамдарга момундук менен мамиле кылышсын.

247


3 Анткени биз да бир кезде акылсыз, баш ийбес, адашкан, кумарлардын жана ар кандай күнөөлүү каалоолордун кулу болгон, жамандык, көрө албастык кылып жашаган, жек көрүндү, бири-бирибизди жек көргөн адамдар элек. 4 Бирок Куткаруучубуз Кудайдын жакшылыгы жана адамдарга болгон сүйүүсү айкын болгондо, 5 Ал бизди адил иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн ырайымынын негизинде кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алды. 6 Биз Кудайдын ырайымынын негизинде акталып, үмүтүбүзгө ылайык түбөлүк өмүрдүн мураскорлору болуп калышыбыз үчүн, 7 Кудай ал Ыйык Рухту Куткаруучубуз Ыйса Машайак аркылуу үстүбүзгө мол төктү. 8 Бул сөз чындык, ошондуктан Кудайга ишенгендер жакшы иштерди кылууга тырышчаактык менен аракеттенүүлөрү үчүн, мен сенин ушул жөнүндө ынандырышыңды каалайм. Анткени бул жакшы жана адамдарга пайдалуу. 9 Акылсыз уруш-талаштардан жана ата-текти териштирүүдөн, мыйзам тууралуу талашып-тартышып чатакташуудан кач, анткени мунун бардыгы пайдасыз жана маанисиз. 10 Бир же эки жолу эскерткенден кийин, бөлүп-жаруучу адамдардан четтегин. 11 Анткени сен мындай адамдын бузулганын, күнөө кылып жатканын, ошентүү менен өзүн өзү айыптуу кылып жатканын билесиң.

248


КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Каапырларга каршы согуш Куранда ошол убакка гана тиешелүү болгон эмес, Мекке үчүн гана эмес, Мухаммед келечекте да каапырларга каршы согушкула деп айткан. 2. Каапырларга карата бир гана туура жол: “... аларга карата катаал бол...”. Эгер алар Аллахтын Мухаммед аркылуу айтканын кабыл албаса, анда мусулмандар өз парзын, милдетин аткарышы керек «Качан фитна жок болмоюнча жана дин Аллах үчүн болмоюнча согуша бергиле.» Эгер каапырлар (ишенбегендер) мусулмандарга баш ийсе, анда тирүү калышат.

БИБЛИЯДА: 1. Бул жерде биз такыр башка осуятты көрөбүз:“...Душманың ачка болсо, нанга тойгуз, суусап турса, суусунун кандыр...”, “...душманыңарды сүйгүлө, силерди каргагандарга батаңарды бергиле...” 2. Ишенген адамдар Кудай тууралуу ишенбегендерге айтып бериши керек, эгер алар ишенбей коюшса“... ал жерден чыгып баратып бутуӊардын чаӊын күбүп салгыла…” . БИБЛИЯДА ишенбей койгон адамды өлтүр деген буйрук жок. Бул нерсе гана бар:“...Бир же эки жолу эскерткенден кийин, бөлүп-жаруучу адамдардан четтегин...”. Кудай Өзү адамды соттойт, сотто адамдын иши эмес.

КОРУТУНДУ Курандагы жана Библиядагы ишенбегендерге карата мамиле абдан айырмаланып турат. Христиан дининин биринчи 300 жылда таралышы тынчтык жолу менен өткөн. Ал Рим империясында жакшы таралган. Ал эми ислам – бардыгы менен согушуп келген. Биринчи эле 100 жыланда, 632 жылдан тартып, ислам согуш менен Персия, Сирия, Ливан, Израил, Египет, Ливия, Испания жана Португалия мамлекеттерин багынткан. 732 жылы Европага багытталган, Испаниядагы Абдурахман падышанын жетеги астындагы ислам баскынчылыгы Чарлз Мартелдин христиан аскерлери тарабынан токтотулган. Арабтардан кийин исламды европа өлкөлөрүнө таратууну каалаган эл – түрктөр болгон. Алар 1453 жылы Константинополду (Истанбул) басып алган, андан кийин Греция, Сербия, Болгария, Венгрия 249


жана Румынияны багынткан. 1683 жылы түрктөр Вена шаарына чейин барышкан, ал жерде Ян Собесск жана Карл Лотарингдин аскерлери тарабынан кыйратылган. Ушундан кийин исламдын Европага жортуулдары токтогон. Ушул учурда Орусия менен Түркия Оттомандык Империясынын ортосунда согуш башталды – 1676 -1918 жж. 241 жыл аралыгында Орусия менен Түркия 11 жолу согуш жарыялашты. 1878 жылы орус генералы Скоболев Истанбул шаарынын жанындагы Сан-Стефан шаарын басып алат. Натыйжада Түркия Румыния, Сербия жана Монтенегро, Болгария автономиясын көзкарандысыз деп кабыл алды. Ислам ошондой эле Чыгыш жана Африка өлкөлөрүндө бекемдеди, ал жактарда шарият мыйзамдары күч алган. Бир аз тыныгуудан кийин 1918 – 1948 жж. ислам кайра куралган Израил мамлекетине баскынчылыгын баштаган. Бул карама-каршылык азыркы күнгө чейин уланып келе жатат, Библияда жаызлгандай бул тирешүү Ыйсанын экинчи келишине чейин улана бермекчи. Көптөгөн имамдар азыр 800-жылдаргагы улуу Халифатты кайра орнотуу убактысы келип жетти дешет. Бул жолу – бүт дүйнөгө. Ислам экспансиясы мына 1372 жыл бою бизин планетанын реалдуулугу (болуп жаткан чындык) болуп келет. Жана мунун акыры: «Качан фитна жок болмоюнча жана дин Аллах үчүн болмоюнча согуша бергиле.». Ислам «кылыч жана от» менен таратылып келген. Тарых өзү күбө – Куран жана Библия ар бирөө өз ишенгендерине кандай таасир берип келгени, анын натыйжасында ал элдердин өнүгүүсү иш жүзүндө канай болду.

БӨЛҮМ 2 ЖИН 250


КУРАН “ТОЗОК ОТУНА БАРЧУ ЖИНДЕР ЖАНА АДАМДАР” СҮРӨ 7 А’РАФ 178. Аллах кимди Туура Жолго баштаса, демек ал Туура Жол табуучу. Ал эми, кимди адаштырса, ошолор гана зыян табуучлар. 179. Чынында, Биз адамзат менен жиндердин көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык. Алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен сезбейт, көздөрү бар, бирок көргүсү келбейт, кулактары бар бирок, угуп койбойт. Алар айбандар сыяктуу. Жок. Андан да төмөн. Алар - туйбаган адамдар. СҮРӨ 10 ЮНУС 99. Эгер сенин РаббиӉ кааласа жер бетиндеги бардык адамдар ыйман келтиришмек. Эмне, сен адамдар ыйманга келгенге чейин эле аларды мажбурлайын деп турасыӊбы? 100. Аллахтын каалоо-уруксатысыз эч бир жан ыймандуу боло албайт. Ал эми, акылын иштетпеген адамдарды азапка кылат. СҮРӨ 16 НАХЛ 93. Эгер Аллах кааласа, силердин бардыгыӉарды бир үммөт кылып коймок. Бирок, Ал каалаганын адаштырып, каалаганын Туура Жолго баштайт. Силер эмне иш кылганыӊар жөнүндө сураласыӊар.

СҮРӨ 32 САЖДА

251


13. Эгер Биз кааласак, ар бир жанга өз хидаятын бере алмакпыз. Бирок, Менин - Бирдык инсандар жана жиндер менен тозокту толтурамын деген сөзүм акыйкат болуп калган.

БИБЛИЯ “ТОЗОК ОТУНА БАРЧУ ЖИНДЕР ЖАНА АДАМДАР” 1-ТИМЕТЕЙ БӨЛҮМ 2 1 Ошентип, баарынан мурда суранарым: такыбаалык, тазалык менен бейпил жана коогасыз жашашыбыз үчүн, 2 бардык адамдар үчүн, падышалар жана бардык башкаруучулар үчүн сыйынгыла, өтүнгүлө, жалынгыла жана ыраазычылык билдиргиле. 3 Анткени бул жакшы жана биздин Куткаруучубуз Кудайга жагат. 4 Анткени Ал бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт. 5 Анткени Кудай бирөө, Кудай менен адамдардын ортосундагы арачы да бирөө. Ал – адам болуп келген Машайак Ыйса. 6 Ал Өзүн бардык адамдар үчүн кун катары берди: өз убагында берилген күбөлөндүрүү ушул. РИМДИКТЕРГЕ БӨЛҮМ 10 12 Жүйүт менен эллиндин ортосунда эч кандай айырма жок, анткени бардыгынын Теңири бир, Ал Өзүнүн ысымын чакыргандардын бардыгы үчүн бай. 13 Анткени Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат.

ЖАКАН 252


БӨЛҮМ 3 16 Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди. 2-ПЕТИР БӨЛҮМ 3 9 «Кечигип жатат», – деп, кээ бирөөлөр ойлошсо да, Теңир Өзүнүн убадасын кечиктирбей аткарат. Бирок Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы тобо кылышы үчүн, бизге көпкө чыдайт.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Кудай адамдарды Өзүнүн даӊкы үчүн гана жаратпастан аларды тозок үчүн да жаратты: "...Чынында, Биз адамзат менен жиндердин көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык..."

БИБЛИЯДА: 1. Кудайдын каалоосу – бардык адамдардын куткарылуусу, ал эми тозок болсо – кулаган периштелерге, шайтандарга. МАТАЙ БӨЛҮМ 25 31 Адам Уулу Өз атак-даңкы менен, Өзүнүн бардык периштелери менен келгенде, Өзүнүн даңктуу тактысына отурат. 41 Анан сол жагындагыларга мындай дейт: “Каргышка калгандар, Менин жанымдан кеткиле! Шайтан менен анын жиндери үчүн даярдалган түбөлүк отко түшкүлө.

БӨЛҮМ 3 253


МЕККЕ КУРАН “МЕККЕ – КУДАЙГА ТАБЫНУУЧУ ЖЕР” СҮРӨ 2 БАКАРА 124. Эстегин - Раббиси Ибрахимди бир нече сөздөр менен сынады эле, аларды толук аткарды. Мен сени адамдарга жол башчы кыламын - деди. Айтты - Менин урпактарымдан дагы. Менин убадам заалым адамдарга тийбейт - деди. 125. Жана эстегин, Биз Үйдү адамдар умтулуп бара турган жай жана тынч орун кылып - Ибрахимдин ордун ибадат жайы кылып алгыла дедик. Жана Ибрахим менен Ысмайылга - Менин Үйүмдү тооп кылуучулар, этикафка отуруучулар, руку жана сажда кылуучулар үчүн тазалагыла - деп вахий кылдык. 126. Эстегин, Ибрахим О, Раббим! Бул жерди тынч шаар кылгын жана анын элинин арасынан Аллахка Акырет күкнүө ишенген адамдарды мөмө жемиштер менен ырыскыландыра көр - дегенде, Аллах айтты Каапыр болгон адамды дагы бир аз пайдалантам. Анан Тозок азабына мажбурлап киргизем. Ал кандай жаман акыбет. 127. Эстегин, Ибрахим менен Ысмайыл экөө Үйдүн пайдубалын көтөрүп жатып О, Раббибиз! Бизден кыбыл кыла көр. Албетте, Сен Угуучу, БилүүчүсүӉ. 128. О, Раббибиз! Бизди ӨзүӉө моюн сунуучулардан кыл. Биздин урпактарыбыздан ӨзүӉө мусулман үммөт жана бизге ибадаттарыбызды үйрөт. Биздин тообаларыбызды кабыл кыл. Албетте, Сен тообаны кабыл кылуучу, МээримдүүсүӉ. 129. О, Раббибиз! Алардын арасынан, аларга Сенин аяттарыӉды окуп берүүчү, Китеп жана Даанышмандыкты үйрөтүүчү жана аларды тазартуу бир пайгамбар жибер! Албетте, ӨзүӉ ЖеӉүүчү жана ДаанышмансыӉ. 130. Ибрахимдин Дининен наадан адамдар гана баш тартат. Биз Ибрахимди бул дүйнөдө тандап алдык жана ал Акыретте да салих адамдардан.

254


131. Эстегин, Раббиси ага -Мусулман бол!- дегенде, ал Ааламдын Раббисине моюн сундум - деди. 132. Ибрахим өзүнүн балдарына ушул гана динди осуят кылып калтырган. Жана Якуб дагы балдарына - О, балдарым, Аллах силерге ушул динди тандады. Эми, силер моюн сунган абалда гана өлгүлө - деп осуят кылган. 133. Силер, Якубга өлүм келген убакта күбө болдуӊар беле? Ал балдарына Менден кийин эмнеге сыйынасыӊар? дегенде, алар - Сенин жана аталарыӊ Исхак, Ысмайыл, Ибрахимдердин кудайы - жалгыз Кудайга сыйынабыз. Жана биз Ага моюн сунуучубуз - дешкен. 134. Бул үммөттөр өтүп кетишти. Алар өз иштерине жооп берет, силер өз ишиӉерге жооп бересиӉер. Алар жасаган иштер үчүн силер суракка тартылбайсыӉар. 135. Алар Яхудий же христиан болсоӉор гана туура жол табасыӉар дешет. Сен аларга айт - Андай эмес! Ибрахимдин таухидге негизделген дини жана ал мушриктерден болбогон. СҮРӨ 3 ААЛИ ИМРАН 96. Адамдар үчүн курулган эӉ биринчи Үй Меккеде. Ал ыйык жана ааламдар үчүн Туура Жол. 97. Анда анык белгилер бар. Ибрахимдин орду жана ага кирген адамдын аман болушу. Адамдардын мойнунда Аллах үчүн ошол Үйгө ажылык кылуу милдети бар. Жолго кудурети жеткендер гана. Ал эми, ким каапыр болсо, Аллах ааламдардан Беймуктаж. СҮРӨ 14 ИБРАХИМ 35. Эстегин, Ибрахим айтты - О, Раббим. Бул шаарды тынч шаар кыл. Мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан алыс кыл. 36. О, Раббим! Чынында, алар көп адамдардын адашуусуна себеп болду. Ким мени ээрчисе - ал менден. Ким мага каршы чыкса, Өзүӊ Кечирүүчү, Ырайымдуусуӊ. 37. О, биздин Рабби! Мен балдарымдан Сенден Ал Харам ҮйүӉдүн алдындагы эгин өспөгөн өрөөнгө жайгаштырдым. О, Раббим алар намаз окушса экен. Эми Өзүӊ адамдардын жүрөктөрүн аларга умтулуучу кыл. Жана аларды мөмөлөрдөн ырыскыландыр. Ажеп эмес шүгүр кылышса.

255


38. О, Раббим. Албетте, Сен биз жашырган нерсени да, ашкере кылган нерсени да билесиӊ. Аллахтан не жер, не асмандардагы эч бир нерсе жашыруун эмес. 39. Мага картайган курагымда Ысмайыл менен Исхакты берген Аллахка мактоолор болсун. Чынында, менин Раббим дуба-тилекти Угуучу. 40. О, Раббим. Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу кыл. О, биздин Раббибиз! Дубаны кабыл ала көр. СҮРӨ 22 ХАЖ 25. Каапыр болгондорго, Аллахтын жолунан жана Ал-Харам мечитинен тоскондорго - Биз ал мечитти бардык адамдарга - жергиликтүүсүнө да, четтен келгенине да теӉ кылып койгон элек - жана ким анын ичинде зулум менен бузуктук кылууну кааласа, ага Биз жан ооруткан азапты таттырабыз. 26. Эстегин, Ибрахимге Үйдүн ордун даярдап белгилеп берип, Меге эч нерсени шерик кылбайсыӉ. Менин Үйүмдү тооп кылуучулар туруучулар, ийилип, рукуу кылуучулар жана сажда кылуучулар үчүн таза пакиза кармайсыӉ. 27. Адамдарды ажы кылууга чакырасыӉ. Сага алар жөө басып, арыган-азган улоолор менен келишсин. Алар сага ар кайсы алыс өлкөлөрдөн келишсин. 28. Өздөрүнө пайдаларга күбө болушсун. Анан белгилүү күндөрдө ырыскы кылып берген чарба айбандарын үстүндө Аллахтын ысымын эскеришсин. Анан андан өзүӊөр да жегиле, кедей-бечараларды да тамактандыргыла. 29. Андан кийин алар кирлерин кетиришсин. Жана назирлерин толук аткарып, Эски Үйдү таваф кылышсын.

БИБЛИЯ “МЕККЕ – КУДАЙГА ТАБЫНУУЧУ ЖЕР” 256


БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 15 13 Ошондо Теңир Ыбрамга мындай деди: «Билип ал, сенин укумтукумуң бөтөн жерде келгин эл болот. Аларды кул кылып, төрт жүз жыл эзишет. 14 Бирок Мен аларды кул кылган элди жазалайм, ошондо алар ал жерден көп мал-мүлк менен чыгышат. 15 Ал эми сен ата-бабаларың жаткан жайга тынчтык менен кетесиң, бакыбат өмүр сүрүп, көргө коюласың. 16 Бул жерге алардын төртүнчү тукуму кайтып келет, анткени аморлуктардын мыйзамсыздыгы чегине жете элек». 17 Күн батары менен караңгылык каптап, мештен чыккандай түтүн менен от жалыны бири-биринин тушуна коюлган бөлүктөрдүн ортосунан өттү. 18 Бул күнү Теңир Ыбрам менен мындай келишим түздү: «Мен сенин укум-тукумуңа бул жерди, Мисир дарыясынан тартып улуу Эфрат дарыясына чейинки: БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 16 1 Ыбрамдын аялы Сара төрөгөн жок. Анын Ажар деген мисирлик күңү бар болчу. 2 Сара Ыбрамга мындай деди: «Теңир мени төрөбөс кылып койду. Менин күңүмдүн үстүнө кир, балким, мен андан балалуу болормун». Ыбрам Саранын тилин алды. 3 Ошентип, Ыбрамдын Канаан жеринде турганына он жыл болгондо, Ыбрамдын аялы Сара Ажар деген мисирлик күңүн күйөөсү Ыбрамга аялдыкка алып берди. 4 Ал Ажарга жакындады. Анын боюна бүттү. Боюна бүткөнүн билип, ал мырзайымы Сараны жек көрө баштады. 5 Ошондо Сара Ыбрамга мындай деди: «Менин таарынычыма сен күнөөлүүсүң. Күңүмдү сага бердим эле. Ал болсо өзүнүн боюна бүткөнүн билип, мени жек көрө баштады. Экөөбүздүн ортобузга Теңир Өзү сот болсун». 6 Ыбрам Сарага мындай деди: «Мына, күңүң өз колуңда. Эмне кылам десең, өзүң бил». Ошондо Сара Ажарды кысымга ала баштады. Ажар андан качып кетти. 257


7 Теңирдин периштеси аны чөлдөгү булак суусунун жанынан, Шурга кеткен жолдогу булактын жанынан тапты. 8 Анан ага мындай деди: «Ажар, Саранын күңү! Сен кайдан келдиң, кайда бара жатасың?» Ал: «Мен өзүмдүн мырзайымым Сарадан качып бара жатам», – деп жооп берди. 9 Теңирдин периштеси ага мындай деди: «Мырзайымыңа кайра бар да, ага баш ий. 10 Укум-тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтөм, көптүгүнөн санап чыккыс болот». 11 Теңирдин периштеси ага дагы мындай деди: «Азыр сенин боюңда бар, уул төрөйсүң, атын Ысмайыл деп коөсуң, анткени сенин кайгымуңуңду Теңир укту. 12 Ал эл арасында жапайы эшектей болот. Ал баарына каршы, баары ага каршы болот. Ал өз бир туугандарынын жанында жашайт». 13 Ошондо Ажар: «Мен бул жерден мени көргөндү чын эле көрдүм», – деп, өзүнө сүйлөгөн Теңирге мындай деп ат койду: «Сен мени көрүп турган Кудайсың». 14 Ошон үчүн ал булак Бейир-Лакай-Ройи деп аталат. Ал Кадеш менен Береттин ортосунда жайгашкан. 15 Ажар Ыбрамга уул төрөп берди. Ыбрам Ажардан төрөлгөн уулунун атын Ысмайыл койду. 16 Ажар Ыбрамга Ысмайылды төрөп бергенде, Ыбрам сексен алты жашта эле. БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 17 1 Ыбрам токсон тогуз жашка чыкканда, Теңир ага келип, мындай деди: «Мен кудуреттүү Кудаймын. Менин алдымда түз жүр, кемчиликсиз бол. 2 Мен сени менен келишим түзөм, сени абдан көбөйтөм». 3 Ошондо Ыбрам жүзтөмөндөп жыгылды. Кудай аны менен сүйлөшүүсүн улантып, мындай деди: 4 «Сени менен түзгөн Менин келишимим – бул Мен. Сен көптөгөн элдердин атасы болосуң. 5 Сенин атың мындан ары Ыбрам эмес, Ыбрайым болот, анткени Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылам. 6 Мен сенин тукумуңду абдан көбөйтүп, сенден элдерди чыгарам, сенден падышаларды чыгарам. 258


7 Сенин, сенин тукумуңдун Кудайы Мен болом деп, Мен сени менен, сенин тукумуң менен түбөлүк келишим түзөм. 8 Ошентип, сага жана сенин тукумуңа сен келгин болуп жашап жаткан Канаан жерин түбөлүккө берем, алардын Кудайы болом». 9 Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: «Сен Менин келишимимди сакта, сенин тукумуң да муундан муунга Менин келишимимди сактасын. 10 Мени менен силердин, сенин тукумуңдун, ортосунда түзүлгөн, силер сактай турган Менин келишимим бул: бардык эркектериңер сүннөткө отургузулсун. 11 Сүннөткө отургузулгула, бул силер менен Менин ортомдогу келишимдин белгиси болот. 12 Сенин уругуңдан чыкпаган, күмүшкө сатылып алынган, бөтөн элдик жана сенин үйүңдө туулган ар бир эркек бала төрөлгөнүнө сегиз күн болгондо сүннөткө отургузулсун. Бул муундан муунга сакталсын. 13 Сенин үйүңдө төрөлгөн жана күмүшкө сатылып алынган эркек аттуулар, сөзсүз, сүннөткө отургузулууга тийиш. Ошентип, Менин келишимим силердин денеңерде түбөлүк келишим болот. 14 Сүннөткө отургузулбаган эркек өз элинин арасынан жок кылынат, анткени ал Менин келишимимди бузду». 15 Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: «Аялың Сараны Сара дебе, анын аты Саара болот. 16 Мен ага батамды берем. Андан сага уул берем. Саарага батамды берем, андан элдер, элдердин падышалары чыгат». 17 Ошондо Ыбрайым жүзтөмөндөп жыгылып: «Кантип эле жүзгө чыккан адамдан уул төрөлсүн? Токсон жаштагы Саара кантип эле төрөсүн?» – деп, ичинен күлдү. 18 Ыбрайым Кудайга минтип айтты: «О, Сенин алдыңда Ысмайыл эле тирүү жүрсө экен!» 19 Кудай мындай деди: «Сага аялың Саара өзү уул төрөп берет. Сен ага Ыскак деген ат коөсуң. Мен аны менен жана анын кийинки укумтукуму менен түбөлүктүү келишим түзөм. 20 Мен сенин Ысмайыл жөнүндө айтканыңды да уктум. Эми Мен ага батамды берип, аны кайрып келем да, абдан көп кылып көбөйтөм. Андан он эки уруу башчысы төрөлөт. Мен андан улуу эл чыгарам. 21 Бирок Мен келишимимди келерки жылы ушул маалда Саара сага төрөп бере турган Ыскак менен түзөм».

259


БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 21 1 Теңир Өзү айтканындай, Саарага назарын салып, ага айткан сөзүн аткарды. 2 Сааранын боюна бүтүп, Кудай айткан мезгилде, Ыбрайым картайган кезде, ага уул төрөп берди. 3 Ыбрайым өзүнүн Саарадан төрөлгөн уулуна Ыскак деген ат койду. 4 Кудай ага осуяттагандай, сегизинчи күнү Ыбрайым өз уулу Ыскакты сүннөткө отургузду. 5 Уулу Ыскак төрөлгөндө, Ыбрайым жүз жашта эле. 9 Саара мисирлик Ажардын Ыбрайымга төрөп берген уулунун Ыскакты шылдыңдап жатканын көрүп калып, 10 Ыбрайымга мындай деди: «Бул күңдү уулу менен кошо кууп чык, анткени анын уулу менин уулум Ыскак менен бирге мураскор болбойт». 11 Ысмайыл жөнүндө айтылган бул сөз Ыбрайымга катуу тийди. 12 Бирок Кудай Ыбрайымга: «Уулуң менен күңүң үчүн кайгырба. Сааранын айтканынын баарын кыл, анын тилин ал, анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт. 13 Күңүңдүн уулунан да Мен эл жаратам, анткени ал сенин уулуң», – деди. 14 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, тамак-аш жана бир чанач суу алып, Ажардын ийнине артып, баласын колуна берип, аны коө берди. Ажар кетип бара жатып, Бейер-Шеба чөлүндө адашып калды.

БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 12 1 Теңир Ыбрамга мындай деди: «Өз жериңен, өз туугандарыңан, атаңдын үйүнөн бөлүнүп чыгып, Мен көрсөткөн жерге бар. 2 Мен сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, атыңды даңазалайм, сен аркылуу башкалар бата алышат. 3 Сага бата бергенге Мен батамды берем, сени каргаганды Мен каргайм. Жер жүзүндөгү бүт элдер сен аркылуу бата алышат». БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 13 260


18 Ыбрам чатырын жыйнап, Хеброндогу Мамрей деген эмен токоюнун жанына барып жайланышты. Ал жерде Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курду. БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 26 25 Ошондо Ыскак ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирдин атын чакырды. Ошол жерге чатырын тикти. Кулдары ошол жерге кудук казышты. БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 33 19 Анан ал Шекемдин атасы Хамордун балдарынан жүз тыйынга жер сатып алып, чатырын тикти. 20 Ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ал жерди «Ысрайылдын Кудайы – кудуреттүү Кудай» деп атады. МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 25 22 Ошол жерде Мен сага ачылып берип турам, мыйзам салынган сандыктын капкагынын үстүндө турган эки керуптун ортосунан Мен Ысрайыл уулдарына сен аркылуу эмнени осуяттай турган болсом, ошолордун баарын сага айтып, сени менен сүйлөшүп турам.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Бул жерде Кудай менен Ыбрайымдын ортосундагы келишим тууралуу айтылат, бирок, Ыбрайымдын Ысмайылдан башка урпактарын кошпой койгон: “… Айтты - Менин урпактарымдан дагы. Менин убадам заалым адамдарга тийбейт - деди. 2. Бул осуят боюнча Ыбрайым жана Ысмайыл Меккеде Кудайга табынуучу үй курушат: ”… Жана эстегин, Биз Үйдү адамдар умтулуп бара турган жай жана тынч орун кылып - Ибрахимдин ордун ибадат жайы кылып алгыла 261


дедик. Жана Ибрахим менен Ысмайылга - Менин Үйүмдү тооп кылуучулар “ …первым домом, который был воздвигнут для людей, является тот, который находится в Бекке (Мекке)...”.

БИБЛИЯДА: 1. Кудай Ыбрайым жана анын урпактары менен келишим түзгөн, аларга убадаланган жерди берем деген:”... Египет дарыясынан Евфрат дарыясына чейин… ”, Ысрайыл эли тууралуу так жана айкын айтып жатат – Ыскактын урпактары. ”...Кудай айтты: Сарра, уул төрөйт, анын атын Ыскак деп коесуӊ…; … Мен аны менен, анын урпактары менен түбөлүк келишим түзөм… Мен келишимди Сарра төрөгөн Ыскак менен түзөм… “… анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт;…”. Бул осуят шексиз, жана жалгыз гана эврейлерге тиешелүү эмес, Кудайга табынган башка элдерге да тиешелүү, анткени Кудай бардык адамдарды куткаргысы келет, Өзүнө алып келгиси келет, ошого Ыйса Машайакка ишенүү аркылуу жетсе болот: 18 Ошондо Ыйса аларга жакын келип, мындай деди: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. 19 Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. 20 Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом». Оомийин. (МАТАЙ БӨЛҮМ 28:18-20) Ыбрайымдан Ыйсага чейин - 1500 жыл бою бул осуят эврейлерге гана тиешелүү эле. Ыбрайымдын тун уулу Ысмайылга да, Ыскактын тун уулу Исавга да бул осуят убагында тиешелүү эмес эле. Исав Ысмайылдын күйөө баласы болуп калгандан кийин деле тиешеси жок болуп келген “… Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын кызы Махалатты, Ныбайоттун карындашын, эки аялынын үстүнө аялдыкка алды…” (БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 28:9), анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт! Ошондуктан Библияда көп жерде: Ыбрайымдын, Исактын жана Жакыптын Кудайы деп кездешет. Ыскак төрөлгөндөн кийин Кудай Ысмайылды кетир деп Ыбрайымга буйрук кылат. Ысмайыл жаш кези эле. 2. Ысмайылды кууп салгандан кийин Ыбрайым кайсы жерлерде жашаганын географиясын так биле алабыз. 18-бөлүмдө Ыбрайым Мамрей деген жерде 262


жашаган деп айтылат. Ал жерде Содом менен Гомордун кыйроосуна күбө болот. 20-бөлүмдө анын жашаган башка жерлери аталат. Мы видим точную географию мест где Ыбрайым жил после того, как Исмаил был изгнан. В Главе 18-й упоминается что Ыбрайым живет в Мамре у Хеврона, откуда он становитӊся свидетелем разрушения Содома и Гоморры. В Главе 20-й упомянуты другие места проживания Ыбрайыма:”… Кадеш менен Шурдун ортосуна жайгашып, Герар жеринде убактылуу жашап турду. Ажар менен Ысмайыл “… 21 Ал Паран чөлүндө жашады. Энеси ага Мисир жеринен аял алып берди …“ . Бул чөл Кадештин түштүк жагында жайгашкан, Синай жарымаралында. Ал эми Мекке (Каабанын орду) Ыбрайым жашаган жерлерден жүздөгөн чакырым алыстыкта турган. Библияда Ыбрайым менен Ысмайыл Кудайга үй курду деген жер жок, ошондой эле Ыбрайым Ысмайылды кууп салгандан кийин ага жолуккан эмес. Библияда Ыбрайым курмандык чалынуучу жайларды гана курган, ал үйлөрдү, эмнеге арналганын белгисиз үйдү (Кааба), мааниси белгисиз Каабаны айлануу салты. Балким Ыбрайым ал үйгө аркандай жасалма кудайларды (идолдорду) кармачу, Мухаммед Жалгыз Кудай тууралуу ишенимди Ысмайылдын урпактарына жеткиргенге чейин. Эгер Ыбрайым чын эле Каабаны курган болсо, анда ал сөзсүз түрдө курмандык чалынуучу жайды (алтарbды) да курмак. Бирок Куранда да Библияда да мындай маалымат жок. 133 аят боюнча Ыбрайым эврей болгон эмес, ал эми Библияда болсо дал Ыбрайым биринчи эврей деп аталган: БАШТАЛЫШ БӨЛҮМ 14: 10 Соар өрөөнүндө чайыр чуңкурлары көп эле. Содом менен Амордун падышалары качып баратып, ошол чуңкурларга түшүп кетишти. Ал эми калгандары тоолорго качып кетишти. 11 Жеңгендер Содом менен Амордун бардык мал-мүлкүн жана болгон азыгын талап-тоноп кетишти. 12 Содомдо жашаган Ыбрамдын иниси Лотту да мал-мүлкү менен кошо алып кетишти. 13 Тирүү калгандардан бирөө келип, эврей Ыбрамга кабар берди. Ал ошол кезде Ыбрамдын шериктештери болгон Эшкол менен Анейирдин бир тууганы аморлуктардын Мамрей деген эмен токоюнун жанында жашачу. КУРАНДА айтылат:”… биринчи жолу адамдар үчүн курулган үй Беккеде (Меккеде) … жана адамдар Аллахтын алдында парзын аткарып Меккеге хадж кылышы керек. 263


Эгер Ыбрайым Кудай үчүн Каабаны чын эле салган болсо, анда уулу Ыскакка айтмак, географиялык жактан Кудайга табынуучу эӊ маанилүү жер демек. Кудай Мусага Мекке тууралуу айткан эмес, Кудай Мусага ыйык кызмат кылуучу жер кур деп буйрук кылган, Кудай ал жерде (Ысрайыл эли ичине) болуп турам деген. Бул скинияда эки курмандык чалуучу жер бар (алтарb). Анткени Кудай алдына бир да адам күнөөсү жок жаныбардын канын төкмөйүнчө келе алчу эмес: (МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 25:22). 22 Ошол жерде Мен сага ачылып берип турам, мыйзам салынган сандыктын капкагынын үстүндө турган эки керуптун ортосунан Мен Ысрайыл уулдарына сен аркылуу эмнени осуяттай турган болсом, ошолордун баарын сага айтып, сени менен сүйлөшүп турам. Кудай Меккени эмес, Иерусалимди тандап алган: (2 ЖЫЛНААМА БӨЛҮМ 33:4) – “…Ошондой эле «Менин атым Иерусалимде түбөлүк болот», – деп, Теңир айткан Кудай үйүнө да курмандык чалынуучу жайларды курду. ( ЗАБУР БӨЛҮМ 135:21) – “Сиондо, Иерусалимде жашаган Теңирге алкыш! Теңирди даңктагыла!”, (ЫШАЙА БӨЛҮМ 2:3) – “Көптөгөн элдер келип: «Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге Өз жолдорун үйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз. Анткени Сиондон мыйзам чыгат, Иерусалимден Теңирдин сөзү чыгат», – дешет”

БӨЛҮМ 4 АНТ КУРАН “КУДАЙГА АНТ” СҮРӨ 16 НАХЛ 264


91. Убада бергениӉерде Аллахтын убадасын аткаргыла. Бекемдегениӊерден кийин антыӊарды бузбагыла. Силер Аллахты кепил кылгансыӊар. Аллах эмне кылганыӊарды билип турат. 94. Антыӊарды алдоо куралы кылып албагыла. Бутуӊар бекем болгондон соӊ тайып кетет жана Аллахтын жолунан адашканыӊар себептүү азап чегип каласыӊар. 95. Аллахтын убадасын аз гана баага сатып жибербегиле. Эгер билсеӊер, силер үчүн Аллахтын алдындагы сооп жакшы.

БИБЛИЯ “КУДАЙГА АНТ” БАШКАРУУЧУЛАР БӨЛҮМ 11 1 Бузулган аял төрөгөн, Гилаттын баласы гилаттык Иптах тайманбас адам эле. 2 Аялы да Гилатка эркек балдарды төрөп берди. Аялы төрөгөн балдар эр жеткенде, Иптахты: «Сен биздин атабыздын үйүндө мураскор эмессиң, анткени сени бөлөк аял төрөгөн», – деп кууп жиберишти. 3 Иптах бир туугандарынан качып барып, Тоб деген жерде жашап калды. Иптахтын тегерегине бекерпоз кишилер топтолуп, аны ээрчип жүрүшчү. 4 Бир нече убакыттан кийин амондуктар ысрайылдыктарга каршы согуш ачышты. 5 Амондуктар менен ысрайылдыктар согушуп жаткан учурда Гилаттын аксакалдары Тоб жеринен Иптахты алып кетиш үчүн келишип, Иптахка: 6 «Бизге келип, жол башчы бол, амондуктар менен согушабыз», – дешти. 7 Ошондо Иптах Гилаттын аксакалдарына: «Мени жектеп, атамдын үйүнөн кууп жибербедиңер беле?! Мага эмнеге келдиңер, башыңарга кыйынчылык түшкөндө келип калдыңарбы?» – деди. 265


8 Гилаттын аксакалдары болсо Иптахка: «Сага келгенибиздин себеби мындай: биз менен барып, амондуктар менен согуш, бизге – Гилаттын бардык тургундарына башчы бол», – дешти. 9 Иптах Гилаттын аксакалдарына: «Эгерде амондуктар менен согушуу үчүн кайра барсам, Кудай аларды менин колума салып берсе, мен силерге башчы болуп каламбы?» – деди. 10 Гилаттын аксакалдары Иптахка: «Теңир күбө, сен айткандай кылабыз», – дешти. 11 Ошентип, Иптах Гилаттын аксакалдары менен жөнөп кетти, эл аны өзүнө башкаруучу жана аскер башчы кылып алды. Иптах айтчу сөздөрүнүн баарын Миспада, Теңирдин алдында айтты. 29 Иптахтын үстүнө Теңирдин Руху түштү. Иптах Гилат менен Менашеден, Гилаттын Миспасынан өтүп, амондуктарга жөнөдү. 30 Ошондо Иптах Теңирге мындай деп убада берди: «Эгерде Сен амондуктарды менин колума салып берсең, 31 анда мен амондуктардан тынчтык менен кайтып келе жатканда, үйүмдүн дарбазасынан, алдыман эмне чыкса, ал Сеники болот, Теңир, аны мен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалам». 32 Анан Иптах амондуктар менен салгылашканы кетти. Теңир амондуктарды анын колуна салып берди. 33 Иптах аларды талкалады; Аройерден Минитке чейинки жана АбелКеремимге чейинки жыйырма шаарды катуу талкалады. Амондуктар Ысрайыл уулдарына багынып беришти. 34 Иптах Миспага, үйүнө кайтып келе жатканда, алдынан дап кагып бийлеп, кызы чыкты. Ал анын жалгыз кызы эле, андан бөлөк эркек баласы да, кызы да жок болчу. 35 Ал кызын көргөндө, кийимин айрып жиберип, мындай деди: «Аттиң ай, кызым! Сен мени азапка салбадыңбы! Менин тынчтыгымды буза тургандардын эсебине сен да кирип калдың! Теңирге убада берип койбодум беле, эми андан баш тарта албайм». 36 Кызы ага: «Атаке! Теңирге убада берип койсоң, Теңир сен аркылуу душмандарың амондуктардан өчүңдү алып берип жаткандан кийин, мен жөнүндө берген убадаңды аткар», – деди. 37 Анан дагы атасына: «Сенден бир гана нерсени суранам, мени эки айга коө бер. Теңтуш курбуларым менен тоого чыгып, кыз өмүрүмдү жоктоп ыйлап алайын», – деди. 38 Атасы: «Бара кой», – деди. Ал кызын эки айга коө берди. Ал курбу кыздары менен тоого чыгып, кыз өмүрүн жоктоп ыйлады. 266


39 Эки ай өткөндөн кийин, кыз атасына кайрылып келди. Атасы кызы тууралуу берген убадасын жүзөгө ашырды, кызы эркек көргөн жок. Ошондон тартып Ысрайылда мындай салт калды: 40 жыл сайын Ысрайыл кыздары барып, гилаттык Иптахтын кызы үчүн төрт күн ыйлашат. МАТАЙ БӨЛҮМ 5 33 Байыркы мезгилде жашагандарга: “Антты бузба. Теңирдин алдында берген антыңды аткар”, – деп айтылганын да уккансыңар. 34 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: эч качан ант бербе; асманды оозанып ант бербе, анткени ал – Кудайдын тактысы. 35 Жерди оозанып да ант бербе, анткени ал – Анын бут коөр жери. Иерусалимди оозанып да ант бербе, анткени ал – улуу Падышанын шаары. 36 Башыңды оозанып да ант бербе, анткени бир да тал чачыңды ак же кара кыла албайсың. 37 “Ооба” деп айтуу керек болсо, “ооба” дегиле; “жок” деп айтуу керек болсо, “жок” дегиле. Ал эми булардан башкасы амалкөйдөн.

КОММЕНТАРИЙ Ыйса айтат, ар бир адам чектелүү гана билимге жана мүмкүнчүлүккө ээ, биз келечегибизди биле албайбыз, бизде күнөөкөр табият болгондуктан, берген убадаларыбызды аткара албай калабыз. Келечекти биле албай туруп, келечекке үмүт байлабашыбыз керек. Адатта биз убадабызды аткарбайбыз, анткени биз алсызбыз, ситуация өзгөрүп турат, келечек биз ойлобогондой болуп чыкканда.

267


БӨЛҮМ 5 БЕЙИШ КУРАН “БЕЙИШКЕ БАРГАН ИШЕНҮҮЧҮЛӨРДҮН ТАГДЫРЫ” СҮРӨ 2 БАКАРА 25. Ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган адамдарга, астынан дарыялар аккан Бейишти бейишти сүйүнчүлө. Алар ар качан Бейиштен бир мөмө ооз тийчү болсо - Биз муну мурда жеген болчубуз - дешет. Жана аларга бири-бирине окшош мөмөлөр берилет. Алар үчүн Бейиште таза-пакиза жубайлар бар. Алар Бейиште түбөлүк калышат. СҮРӨ 9 ТАУБА 72. Аллах ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга, түбөлүк кала турган, астынан дарыялар агып турган Бейиштерди, ошол түбөлүк Бейиштердеги таза-пакиза орундарды убада кылды. Жана Аллахтын ыраазычылыгы бардыгынан улук. Бул - улуу жеӊиш. 268


СҮРӨ 13 РААД 22. Жана алар Раббисинин Жүзү үчүн сабыр кылышат жана, намаз окушат. Биз ырыскы кылып берген нерселерден - билдирип же билдирбей - садака кылышат жана жамандыкка жакшылык менен жооп кайтарышат. Ошолор үчүн Акыретте даӊазалуу акыбет-натыйжа. 23. Бейиш бактары бар. Бейиштерге алар аталары, жуп-түгөйлөрү жана урпактарынан турган салих-жакшы адамдар менен бирге киришет аларга ар кайсы эшиктерден периштелер кирип. СҮРӨ 16 НАХЛ 31. Түбөлүктүү бактар. Алар түбүнөн дарыялар аккан ошол бактарга киришет. Анын ичинде көӉүл күсөгөн бардык нерселер бар. Аллах такыба кишилерди мына ушинтип сыйлайт. 32. Такыба адамдардын таза жандарын периштелер алып жатканда - Силерге салам болсун. Амалыӊарга жараша эми Бейишке киргиле - дешет. СҮРӨ 18 КАХФ 30. Ал эми, ыйман келтирип салих амалдарды аткарган момундардын жакшы амал кылгандардын сообун текке кетирбейбиз 31. Аларга түбүнөн дарялар аккан түбөлүк Бейиштер бар. Ал жерде алтын билериктер менен жасанышат жана жибек кымкаптан жашыл кийимдерди кийишип, сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат. Не деген улук сооп жана эӉ мыкты орун. СҮРӨ 22 ХАЖ 23. Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал жасаган адамдарды Аллах түбүнөн дарыялар агып турган Бейиштерге киргизет. Алар ал жерде алтын билериктер жана бермет, жакут, маржандар менен жасанышат жана ал жердеги кийимдери жибектен болот. СҮРӨ 25 ФУРКАН 269


16. Ал жерде алар үчүн каалаган нерселери даяр. Түбөлүккө калышат. Раббиӊ Өз милдетине алган жоопкерчилктүү убада болчу. СҮРӨ 35 ФААТИР 33. Алар, өздөрү кире турган түбөлүк бейиштерде алтын билериктерди, асыл таштарды тагынып жүрүшөт. Ал жерде алардын кийимдери жибектен. СҮРӨ 36 ЙА-СИН 55. Ал Күнү Бейиш элдери кубаныч менен гана алек. 56. Жубайлары менен көлөкөнүн астында коюлган сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат. 57. Ал жерде алар үчүн мөмөлөр, тилеген бардык нерселери бар. 58. Ырайымдуу Раббилери тарабынан -Салам- деген сөз. СҮРӨ 37 САФФАТ 40. Ал эми Аллахтын ыкластуу пенделери 41. Аларга белгиленген ырыскылар бар. 42. Мөмө-жемиштер, жана алар урмат сый көргөзүлгөн абалда 43. ЭӉ жакшы Бейиштерде 44. сөрүлөрдө бири-бирине бет маӉдай. 45. Аларга агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат. 46. Алар аппак, ичүүчүлөр үчүн таттуу, 47. Баш айланткан зыяндуулугу жок, мас болушпайт 48. Жана алардын алдында көздөрүн каратпаган бакыраӉ-көз сулуулар бар. 49. Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу. СҮРӨ 38 САД 49. Ушул - баяны. Ал эми такыбалуу кишилерге жакшы акыбет. 50. түбөлүк Бейиштер бар. Аларга эшиктер ачылуу. 270


51. Алар Бейиште жамбаштап жатышып, көп мөмө-жемиштерди ичимдик-суусундуктарды чакырышат. 52. Алардын алдында жалаӉ бир курактагы, көз артпаган селкилер болушат. 53. Силерге Эсеп Күнү үчүн убада кылынган нерселер - ушул. 54. Бул - биздин түгөнгүс ырыскыларыбыз. СҮРӨ 43 ЗУХРУФ 69. Алар Биздин аяттарыбызга ыйман келтирип, мусулман болгон адамдар. 70. Силер жубайларыӉар менен бирге сүйүнгөн абалда Бейишке киргиле. 71. Аларга алтын идиштер менен чөйчөктөр айлантып турулат. Ал жерде көӉүл каалаган, көз кубанган бардык нерселер бар. Жана силер анда түбөлүк жашайсыӉар. 72. Бул Бейиш... Аны силер жасаӊан амалыӊар үчүн Аллахтан мурас алдыӊар. 73. Силер үчүн анда көп мөмө жемиштер бар. Алардан жейсиӉер. СҮРӨ 44 ДУХАН 51. Ал эми, такыбаа кишилер тынч-бейпил жерлерде, 52. Бейиштерде, Булактарда, 53. Истабрак жана Сундус деген жибек кийимдерден кийип, бет-маӉдай отурушат. 54. Ошондой эле, Биз аларды бото көз сулууларга йүлөнтүп койобуз. 55. Алар анда эч кайгысыз абалда, ар түрдүү мөмөлөрдөн чакырышат. СҮРӨ 47 МУХАММАД 15. Такыба кишилер үчүн убада кылынган Бейиштин мисалы - анда бузулбаган суу дарыялары, даамы айныбаган сүт дарыялары, ылаззаттуу шарап дарыялары жана таза-пакиза бал дарыялары бар. Анда алар үчүн ар түрдүү мөмөлөр жана Раббисинен кечирим бар. Тозокто түбөлүк калып, кайнак суу ичирилип, натыйжада ичегилери үзүлүп кеткен адамга окшойбу?

271


СҮРӨ 55 РАХМАН 54. ичилиги жибек төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Эки Бейиштин төӉ мөмөлөрү ийилген. 55. Раббиӊердин дагы кайсы нээматын жалглан дей аласыӊар? 56. Ал төшөктөрдө инсандын да, жиндин да колу тийбеген жана көзүн сактаган үр кыздар бар. 57. Раббиӊердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыӊар? 58. Ал үр кыздар жакут-маржан сыяктуу. 59. Дагы Раббиӊердин кайсы нээматын жалган дей аласыӊар? 60. Жакшылыктын жообу жакшылыктан башка эмес. 61. Раббиӊердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыӊар? 62. Эки Бейиштен ылдыйраакта дагы эки Бейиш бар. 63. Дагы Раббиӊердин кайсы нээматын жалган дей аласыӊар? 64. Эки Бейиш теӊ жашыл түстө. 65. Дагы Раббиӊердин кайсы нээматын жалган дей аласыӊар? 66. Экөөндө теӊ атырылган булактар. 67. Раббиӊердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыӊар? 68. Экөөсүндө теӊ мөмөлөр, курмалар жана анарлар. 69. Раббиӊердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыӊар? 70. Бейиштердин бардыгында татынакай, ай чырайлуу селкилер. 71. Раббиӊердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыӊар? 72. Үр кыздар бар, чатырларда сакталган. 73. Раббиӊердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыӊар? 74. Аларга мурда эч бир жиндин, эч бир адамдын колу тийбеген. 75. Раббиӊердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыӊар? 76. Жашыл тыштуу жаздыктарга, кооз-көркөм килемдерге жамбашташат. СҮРӨ 56 ВАКЕА 10. Алдыӊкылар - алдыӊкылар. 11. Ошолор жакын болгондор. 12. Алар -Наим- бейиштерде болушат. 13. абалкы момундардан көбүрөөк жамаатар, 14. Акыркылардан азыраак жамаатар. 272


15. Алар токулган сөрүлөрдө 16. жамбаштап, бири-бирине бетмаӉдай отурушат. 17. түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт, 18. Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумаралары, чөйчөктөрү менен. 19. Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт. 20. тандаган мөмөлөн менен, 21. табити каалаган куш эттери менен 22. жана бакыраӉ көз үр кыздар бар. 23. жашынган бермет сыяктуу 24. Жасаган иштеринин сыйлыгына! 25. ал жерде маанисиз жана уят сөздөрдү угушпайт. 26. Бир гана салам-салам сөздөрдү угушат. 27. Оӊ тарап ээлери. Оӊ тарап ээлери не деген. 28. тикенсиз -Сидр- дарагынын арасында, 29. Мөмөлүү банан бактарында 30. жайылган көлөкөлөрдө 31. аккан сууларда 32. Көп мөмө-жемиш ичинде33. түгөнбөгөн, үзүлбөгөн. 34. Балпайган төшөктөрдө. 35. Биз аларды өзгөчө жаратуу менен жараттык. 36. Биз аларды бикир кылып жаратып, 37. Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк кылып койдук. 38. Оӊ тарап ээлери үчүн. 39. Алар абалкылардан көп жамаатар. 40. Акыркылардан азыраак жамааттар.

БИБЛИЯ “БЕЙИШКЕ БАРГАН ИШЕНҮҮЧҮЛӨРДҮН ТАГДЫРЫ”

273


АЮБ БӨЛҮМ 19 25 Мен болсо Куткаруучум тирүү экенин билем, Ал акыркы күнү менин чирип бара жаткан теримди топурактан кайра тургузат. 26 Мен өз денемде Кудайды көрөм. 27 Мен Аны өзүм көрөм. Башка бирөөнүн көзү эмес, Аны өзүмдүн көзүм көрөт. Көкүрөгүмдө жүрөгүм эрип бара жатат! МАТАЙ БӨЛҮМ 22 23 «Өлгөндөр тирилбейт» деген садукейлер ошол күнү Ыйсанын жанына келип, мындай деп сурашты: 24 «Устат! Муса мындай дебеди беле: “Ким бала көрбөй көз жумса, анда анын аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын”. 25 Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси үйлөнүп, бала көрбөй өлүп калды. Аялы инисине калды. 26 Экинчиси, үчүнчүсү, атүгүл, жетинчиси да ошондой болду. 27 Акырында аял да өлдү. 28 Өлгөндөр тирилгенден кийин, ал аял бул жети бир туугандын кимисинин аялы болот? Анткени аны баары аялдыкка алышкан». 29 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силер Ыйык Жазууну жана Кудайдын күчүн билбегендиктен жаңылып жатасыңар. 30 Анткени өлгөндөр тирилгенден кийин, аял алуу, күйөөгө тийүү деген болбойт. Алар асмандагы Кудайдын периштелериндей болуп калышат. АЯН БӨЛҮМ 6 9 Ал бешинчи мөөрдү ачканда, мен курмандык чалынуучу жайдын алдынан Кудайдын сөзү үчүн жана өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү үчүн өлтүрүлгөн адамдардын жандарын көрдүм. 10 Алар үндөрүн бийик чыгарып, мындай деп кыйкырып жатышты: «Ыйык жана чыныгы Эгедер, качанкыга чейин сот жүргүзбөйсүң, качанкыга чейин биздин каныбыз үчүн жер үстүндө жашагандардан өч албайсың?» 11 Ошондо алардын ар бирине ак кийим берилди жана аларга: «Кызматташтарыңар менен бир туугандарыңар да силердей болуп 274


өлтүрүлүп, белгиленген санды толуктаганга чейин, дагы бир аз убакыт тынчтана тургула», – деп айтылды.

АЯН БӨЛҮМ 7 9 Ошондон кийин карасам, ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден эч ким санай алгыс, эбегейсиз көп адамдар тактынын жана Козунун алдында ак кийим кийип, колдоруна курма палӉмасынын бутагын кармап турушуптур. 10 Алар үндөрүн бийик чыгарып: «Тактыда отурган биздин Кудайдан жана Козудан куткарылуу келет!» – деп айтып жатышты. 11 Бардык периштелер тактыны, аксакалдарды жана төрт тирүү жандыкты тегеректеп алып, тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга мындай деп табынып жатышты: 12 «Оомийин! Алкыш, даңк, даанышмандык, ыраазычылык, урмат-сый, күчкубат жана кудурет түбөлүккө биздин Кудайыбызга таандык! Оомийин». 13 Анан аксакалдардын бири сөз баштап, менден: «Бул ак кийимчендер кимдер, булар кайдан келишкен?» – деп сурады. 14 Мен ага: «Сен аны билесиң, мырза», – деп жооп бердим. Ошондо ал мага мындай деди: «Булар – улуу кайгыдан келгендер. Алар өздөрүнүн кийимдерин жуушкан, алар өздөрүнүн кийимдерин Козунун канына агартышкан. 15 Ошон үчүн алар азыр Кудайдын тактысынын алдында туруп, Анын ийбадатканасында Ага күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Тактыда Отурган алардын арасында жашайт. 16 Алар эми эч качан ачка болушпайт, суусашпайт, аларды күн жана эч кандай ысык куйкалабайт. 17 Анткени аларды тактынын ортосундагы Козу кайтарып, тирүү суунун башатына алып барат. Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт».

КОММЕНТАРИЙ 275


КУРАНДА: 1. Бири-бирине бет маӊдай отуруп, жаздыкка кыйшайып, жөлөнүп эс алуу. 2. Адамдык муктаждыктарды (тамак ичүү, суу ичүү) канаатандыруу. 3. Денелик каалоолорду да канаатандыруу, бул үчүн эч ким тие элек кыздарды колдонуу. 4. Кооз кийимдер, алтын буюмдар.

БИБЛИЯДА: 1. Ишенүүчүлөр бардыгы чогу туруп алышып Кудайды даӊташат, Адам ата күнөө кыла элек кезинде Кудайды кандай көрсө так ошондой. 2. Ар кандай муктаждыктарды канаатандыруу (Удовлетворение каждой нужды.) 3. Кудай менен болгон кезде жыныстык байланыш жок болот. 4. Ыйсанын канына боелгон ак кийимдер, ал эми баалу кооздук берүүчү буюмдардан Ыйсанын бут алдына ташталган алтын таажылардан бөлөк эч нерсе жок. КОРУТУНДУ: Библия боюнча, ишенүүчү үчүн жалгыз гана сыйлык бар – Кудайды көрүү, Аны менен бирге болуу. Ал эми Куран боюнча сыйлык – денелик ырахат алуу, эч нерсе кылбоо (эс алуу), жерде самай тургандай жашоо.

276


БӨЛҮМ 6 НАКЫЛ СӨЗДӨР КУРАН “НАКЫЛ СӨЗДӨР” СҮРӨ 2 БАКАРА 15. Аллах өздөрүн шерменде кылат жана баштары айланганча каапырчылкта жүрүүлөрүн узартат. 16. Алар - Туура Жолдун ордуна адашууну сатып алгандар. Соодалары пайда бербеди жана Туура Жолго түшүүчү болушпады. 17. Алардын мисалы бирөөдөн от сурап жаккан кишилер сыяктуу. От эми гана тегерегин жарытты эле, Аллах нурун кетирип, аларды караӉгылыкта, көрбөй турган абалда калтырды. 18. дүлөй, дудук жана сокур. Демек, эч кайтышпайт. 26. Аллах бир чиркейди же андан да майдараак мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ыймандуу адамдар ал мисалдын Раббиси тарабынан келген чындык экенин билишет. Каапырлар болсо, Аллах муну мисел келтирүү менен эмнени каалаган - дешет. Бул мисал менен көп адамдарды 277


адаштырат, көп адамдарды Туура Жолго баштайт. Аллах аны менен бузуку адамдарды гана адаштырат. 261. Мал-дүйнөлөрүн Аллах жолунда сарптаган кишилердин мисалы жети машакты өндүргөн бир дан сыяктуу. Ар бир машакта жүздөр дан болот. Аллах каалаган пендесине көбөйтүп берет. Аллах Кенен, Билүүчү. 262. Мал-дүйнөсүн Аллах жолунда сарп кылып, артынан колко кылбаган жана заар сөздү ээрчитпеген адамдар үчүн Раббисинин алдында сооптор бар. Жана аларга эч коркунуч жок жана алар кайгы-капага да батышпайт. 263. Ширин сөз жана кечирүү - заар сөз ээрчиген садакадан жакшы. Аллах Беймуктаж, Жумшак. 264. О, ыйман келтирген адамдар. Аллахка жана Акырет күнүнө ишенбеген жана мал-дүйнөсүн, адамдарга элкөрсүн үчүн садака кылуучу кишилерге окшоп садакаӉарды клко кылуу жана заар сөз менен жокко чыгарып албагыла. Анын мисалы - үстүн топурак баскан аска таш сыяктуу. Качан ага кара нөшөр жжамгыр жааса жылаӉачтап койот. Алар жасаган иштеринен эч нерсеге ээ болбой калышат. Аллах каапыр коомдорду туура жолго баштабайт. 265. Мал-дүйнөлөрүн Аллаүтын ыраазычылыгын көздөп жана бекем чын ишенимдери менен садака кылган адамдардын мисалы бир бийик, тегиз жердеги бак-бостон сыяктуу. Ага нөшөрлүү жамгыр жааса, түшүмүн эки эсе көп берет. Эгер ага нөшөрлүү жамгыр жетпесе, себелеп жааганы да боло берет. Жана Аллах силер жасаган ишиӉерди Көрүүчү. СҮРӨ 7 А’РАФ 175. Аларга далилдерибизди берген кишинин кабарын авйтып бер - ал далилдерди таштап койду эле, шайтан ээрчитип кетти жана адашуучулардан болуп калды. 176. Эгер Биз кааласак, далилдер себептүүанын даражасын көтөрүп коймокпуз. Бирок, ал жерге жабышып алып, напсинин каалоолоруна ээрчип кетти. Анын мисалы бир итке окшойт - аны айдасаӉ да, жөн койсоӉ да тилин асылттырып тура берет. Бул Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардын мисалы. Аларга тамсил-икаяларды айтып бер. Пикир кылышса ажеп эмес. 177. Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып, өздөрүнө зулум кылган адамдардын мисалы кандай жаман! СҮРӨ 13 278


РААД 17. Асмандардан суу түшүрдү. Жылгаларда көлөмүнө карап суу акты. Сел үстүнө калдайган көбүктөрдү көтөрдү. Зыйнат-буюм жасоо үчүн от жагып эрите турган нерселерден да ошондой көбүк чыгат. Аллах акыйкат менен адашууга мына ушинтип мисал келтирет. Көбүк кургап жок болот. Адамдарга пайдалуу нерселер болсо жер бетинде калат. Аллах мына ушинтип мисал келтирет. 18. Раббисине жооп берген адамдар үчүн жакшылык бар. Ал эми Ага жооп бербегендер эгер жер бетиндеги байлыктан эки эсесин өзү үчүн тапшырса да. Алар үчүн эӊ жаман эсептешүү бар. Алардын орду - Тозок! Кандай жаман орун. СҮРӨ 14 ИБРАХИМ 18. Раббисине каапыр болгон адамдар жасаган иштердин мисалы - бороонду күндө шамал учуруп кеткен күлгө окшош. Алар өздөрү жасаган иштерден эч бир нерсеге жетише албайт. Бул - абдан алыс адалуу. 19. Сен, чынында Аллах асмандар жана жерди акыйкат менен жаратканын билбедиӊби? Эгер кааласа силерди кетирип, башка жаӊы калкты алып келет. 20. Бул Аллахка оор эмес. 24. Аллах таза сөздү таза даракка окшотуп мисал келтиргенин карабайсыӉбы. Ал дарактын тамыры бекем, бутактары болсо, асманда. 25. Раббисинин уруксаты менен ар кайсы мезгилде мөмөсүн бере берет. Аллах адамдарга, эс-акылын жыйып алуулары үчүн мисалдарды келтирет. 26. Ыплас өздүн мисалы - жерден үзүлүп, бекемдиги жок калган ыплас даракка окшош. 27. Аллах ыймандуу адамдарды дүйнө жашоосуна да, Акыретте да бекем сөз менен кубаттайт. Заалымдарды болсо, Аллах адаштырат. Аллах каалаган нерсесин жасайт. СҮРӨ 16 НАХЛ 75. Аллах мисал келтирет - Эч нерсеге эгедер болбонон бир кул жана Биз көп ырыскы берген адам. Ал байлыгынан ашкересин-ашкере, 279


көмүскөсүн-көмүскө садака кылат. Эми, ушутл экөө окшош болобу? Аллахка мактоолор! Бирок, муну көпчүлүгү билишпейт. 76. Аллах эки адамды мисал келтирет - бирөөсү сокур дүлөй. Эч нерсеге ээ Эмес. Бүт бойдон кожоюндуку. Кайда жиберсе да жакшылык келтирбейт. Эми, ушул киши менен Туура Жолдо жүрүп, адилетке буюрган адам теӉ болобу? 77. Асмандар жана жердин кайып нерселери Аллахтын гана алдында. Ал эми, Кыяматтын болушу көз ачып-жумгуча же андан тезирээк. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү. 112. Аллах бир шаарды мисал келтирди - Бул шаар тынч, бейпил, ырыскы ар тараптан агып келип турган шаар болчу. Кийин ал Аллахтын нээматына каапыр болду эле, бул кылмышынын жазасына Аллах аны коркунуч жана каатчылык кийими менен жасантып койду. 113. Аларга өздөрүнүн арасынан Пайгамбар келсе, аны -жалганчы- дешти. Анан аларды, заалым болуп турган абалда азап кармады. 114. Силерге Аллах ырыскы кылып берген адал-таза нерселерден гана жегиле жана эгер Аллахтын Өзүнө ибадат кылчу болсоӊор, Анын нээматтарына шүгүр кылгыла. СҮРӨ 18 КАХФ 32. аларга эки кишинин мисалын айтып бер - Биз экөөсүнүн бирине эки бак бергенбиз, жүзүмзар. Айланасын курма бак менен ороп, эки бактын ортосуна эгин-тигин кылып бергенбиз. 33. Эки бак теӊ кемчилдиксиз мөмө берип, ортосунан Биз дарыя агызып койдук. 34. Ал үчүн мол түшүм болуп турган. Анан, берки шеригине - аны менен сүйлөшүп олтуруп - айтты - Менин мал-дүйнөм жана сан-санагым сеникинен көп жана кубаттуу. 35. Жана өзүӊө заалым болгон абалда багына кирип - Бул менден эч качан жоголбойт го... 36. Кыямат деле болбосо керек. Эгер мен Раббиме кайтарылган күндө да, азыркыдан жакшыраак келечек тапсам керек деп ойлоймун - дечү. 37. Берки шериги сүйлөшүп олтуруп ага мындай деди - Сени топурактан жаратып, кийин адам келбетине киргизген РаббиӉе каапыр болдуӉбу? 280


38. Бирок, ман Раббим - Аллах жана Раббиме эч нерсени шерик кылбаймын. 39. Эгер сен багыӉа киргенде - Аллахтын каалаганы. Аллахтан башка күч-кубат жок - десеӉ. Эгер сен мени мал-дүйнө, бала-чака жаатынан өзүӊдөн аз деп кемсинтсеӊ, 40. Аллахым мага сенин багыӉдан жакшыраак бек насип кылып, сенин багыӉа асмандан добул, жамгыр сыяктуу апаат-балээ жиберип койгусу бардыр. Анда багыӉ ойрону чыккан ээн талаага айланып калат. 41. Же болбосо, суусу тартылып, суу таппай да калаарсыӊ. 42. анын байлыгы арасында калды. Өзү, багына сарптаган нерселерине алакандарын оодарып кала берди. Бак болсо, дарактардын денелери сороюп, сып-сыйда болуп калды. Жана ал - Эх, кана эми Раббиме эч нерсени шерик кылбаган болсом! - деди. 43. Жана ага жардам бергидей, Аллахтан башка топжамааты да болбой, өзүнө-өзү да жардам бере албай калды. 44. Анда чыныгы достук, жакындык Аллахка Анын сооп-сыйлыгы да, акыбет натыйжасы да эӊ мыкты. 45. аларга дүйнө жашоосунун мисалын Биз асмандан түшүргөн сууга окшоштур - Ал суу менен жер өсүмдүктөрү ширелишип калды. Шамал учурган, куурап сынган шыпырындыга айланды. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү. 46. Мал-дүйнө, бала-чака дүйнөнүн зыйнаттары. Ал эми, РаббиӉдин назарында, түбөлүк калчу сооп иштер, сыйлык жаатынан да, арзуу жаатынан да жакшыраак. СҮРӨ 22 ХАЖ 73. Эй, адамдар! Салыштыруу келтирди, угуп койгула - Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан кудайлар бир чиркейди да жарата албайт. Эгер ага чогулушса да. Жана эгер чиркей алардан бир нерсени тартып алса, аны андан куткара алышпайт. Тилегендер да алсыз, тилек багытталган да алсыз. 74. Алар Аллахты чындап баалай алышпады. Чынында Аллах өтө Кубаттуу, Кудуреттүү. 75. Аллах периштелерден жана адамдардан элчилерди тандап алат. Аллах Угуучу, Көрүүчү. 76. Аллах алардын келечектерин жана өтмүштөрүн билет. Иштердин баары Аллахка кайтат. 281


77. О, ыйман келтирген адамдар! Өзүӊөрдүн Раббиӊерге руку, сажда жана ибадат кылгыла. Жана жакшы иштерди жасагыла. Жеӊишке жетээрсиӊер. СҮРӨ 24 НУР 35. Аллах - асмандардын жана Жердин Нуру. Анын Нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак-шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы. Ал тескейде да эмес, күнгөдө да эмес берекеттүү Зайтун дарагы менен жагылат. Анын майы от тийбесе деле нур тараткандай болот. Нур үстүнө нур. Аллах каалаган пендесин Өз нуруна багыттайт. Аллах адамдарга мисалдарды келтирет. Аллах - ар нерсени Билүүчү. 36. үйлөрдө. Аллах ал үйлөрдүн көтөрүлүшүнө жана анда Өзүнүн Ысымы эскерилишине уруксат берген. Анын ичинде эртели-кеч Аны аруулашат. 37. эр-азаматтарды Аллахтын зикиринен, намаз окуудан жана зекет берүүдөн соода дагы, алды-сатты дагы алаксыта албайт. Алар көздөр жана жүрөктөр оодарылып кала турган Күндөн коркушат. 38. Аллах аларды жасаган амалдарынын эӊ жакшылары менен сыйлашы жана Өзүнүн пазилети менен аларды кошуп бериши үчүн. Аллах каалаган пендесине эсепсиз ырыскы берет. 39. Каапырлардын амалдары болсо, чөлдөгү закым сыяктуу. Суусаган адам аны суу деп ойлойт. Качан ага берсе эч нерсе таппай калат. Өзүнүн алдында Аллахты гана табат. Анан Аллах аны менен толук эсептешет. Аллах тез эсептешүүчү. 40. Же болбосо тереӉ деӉиз түбүндөгү караӉгылыктарга окшойт. Аны толкундар орогон. Толкундардын үстүнөн дагы толкун орогон, анын үстүнөн булут. Кабат-кабат караӉгылыктар. Эгер колун чыгарса да аны көрө албайт. Аллах кимге нур бербесе, ал нурдан куржалак. СҮРӨ 29 АНКАБУТ 41. Аллахтан башка дос-башчы туткан адамдардын мисалы үй куруп алган жөргөмүшкө окшойт. Алар эгер бисе, үйлөрдүн эӉ алсызы жөргөмүштүн үйү. 42. Албетте, Аллах алар дуба кылып жаткан башка кудайларын билет. Жана Бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман. 43. Биз адамдарга мына ушул мисалдарды келтирдик. Аларды акылдуу инсандар гана түшүнөт. 282


СҮРӨ 30 РУМ 28. Ал силерге өзүӉөрдөн мисал келтирди - Силердин кулдарыӊар арасында Биз силерге ырыскы кылып берген нерселерде силерге шерик болчулары барбы? Кийин алар менен анда теӊ болуп каласыӊарбы? Алардан өзүӊөрдөн корккондой коркот белеӊер? Биз акылдуу адамдарга аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз. 29. Жок! Заалымдар илимсиздиктен улам өз кызыкчылыктарын ээрчишти. Аллах адаштырганды ким Туура Жолго сала алат? Аларга жардамчы жок. СҮРӨ 59 МУМТАХАНА 21. Эгер Биз мына бул Кураанды тоого түшүргөнүбүздө, сен анын Аллахтан коркконунан баш ийип, тыркырап кеткенин көрмөксүӉ. Биз бул салыштырууларды, пикирин иштесе ажеп эмес, деп адамдарга айтып берүүдөбүз. 22. Ал - Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Көрүнгөндү да, көмүскөнү да Билүүчү! Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү! СҮРӨ 74 МУЗЗАММИЛ 31. Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы көбөйүшү үчүн кылдык. Жана китеп берилген элдер менен момундар шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар менен каапырлар - Аллах бул мисал менен эмнени каалады экен - деп сүйлөшү үчүн. Аллаү мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын Туура Жолго салат. Раббиӊдин аскерлерин бир Өзү гана билет. Жана бул адамдар үчүн эскертүүдөн башка эмес.

283


БИБЛИЯ “НАКЫЛ СӨЗДӨР” НАКЫЛ СӨЗДӨР БӨЛҮМ 26 7 Акылсыздардын накыл айтканы аксактын басыгындай. 8 Асыл ташты салмоорго салып ыргытуу акылсызга урмат көрсөтүүгө барабар. 9 Акылсыздын оозунан чыккан накыл сөз мастын колундагы тикенектей. 10 Күчтүү адам бардык нерсени өз каалоосу боюнча кылат: ал акылсызды да сыйлайт, өтүп бара жаткан кишини да сыйлайт. 11 Дөбөт өзүнүн кусундусуна кайра келгендей, акылсыз да акылсыздыгын кайра кайталай берет. ЖЕЗЕКИЕЛ БӨЛҮМ 17 1 Анан мага Теңирден сөз болду: 2 «Адам уулу! Ысрайылга табышмак айт, бир мисал келтир. 3 Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Канаттары чоң жана узун, жүнү коюу жана түркүн түстүү бир чоң бүркүт Лебанонго учуп келип, кедр дарагынын учунан үзүп алды. 4 Ал анын жаш бутактарынын жогорку учунан үзүп алып, аны Канаан жерине алып келип, соодагерлер шаарына койду. 5 Анан ошол жердин уругунан алып, түшүмдүү талаага отургузду, тал отургузгандай, чоң суунун боюна отургузду. 6 Ал өсүп, бою жапыз, жайылган жүзүм сабагы болду. Анын бутактары аны көздөй ийилип турду, тамырлары анын астында эле. Ошентип, ал жүзүм сабагы болду, жаш бутактары чыгып, бутак жайды. 7 Канаттары чоң, жүнү коюу дагы бир бүркүт бар эле. Бүркүт өзүнүн бакдарактарынын жөөктөрүнөн сугарып турушу үчүн, бул жүзүм сабагы өз тамырлары менен ага тартылып, ага өзүнүн бутактарын жайды. 8 Ал бутактарын жайып, жемиш бериш үчүн, эң сонун жүзүм сабагы болуш үчүн, жакшы талаага, чоң суунун боюна отургузулган эле”. 9 Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ал ийгиликке жетеби? Анын тамырларын жулуп салышпайбы? Анын жемиштерин үзүп 284


алышпайбы? Ошондо ал куурап калбайбы? Андан өсүп чыккан жаш бутактардын баары куурап калат. Аны көп күч жумшабай эле, көп кишинин жардамысыз эле түп-тамыры менен жулуп салышат. 10 Ал отургузулду, бирок ийгилик болобу? Ал чыгыш шамалы согору менен куурап калбайбы? Ал өзү өскөн жөөктө куурап калат”». ЗАБУР БӨЛҮМ 1 1 Дөөттүн забуру. Кудайсыздардын кеңешмесине барбаган, күнөөкөрлөрдүн жолунда турбаган, бузулгандардын жыйынында отурбаган адам бактылуу. 2 Ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алат, Анын мыйзамы тууралуу күнүтүнү ойлонот. 3 Ошондо ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет. 4 Кудайсыздар мындай эмес, алар шамал сапырган топурактай. 5 Ошондуктан кудайсыздар сотто туруштук бере алышпайт, ошондой эле күнөөкөрлөр адилеттүүлөрдүн жыйынында отура алышпайт. 6 Анткени Теңир адилеттүүлөрдүн жолун билет, ал эми кудайсыздар өз жолунда жок болушат. МАТАЙ БӨЛҮМ 13 1 Ошол күнү Ыйса үйдөн чыгып, көлдүн жээгине барып отурду. 2 Жанына көп эл чогулуп калгандыктан, Ал кайыкка түштү. Эл болсо жээкте турду. 3 Ошондо Ыйса аларга үлгү-насаат аңгемелер менен көп насаат айтты. Ал мындай деди: «Себүүчү үрөн себүү үчүн чыкты. 4 Ал сээп жатканда, кээ бир үрөндөр жол боюна түштү. Канаттуулар учуп келип, аларды терип жеп кетишти. 5 Кээ бир үрөндөр топурагы аз, таштак жерге түштү. Жердин кыртышы жука болгондуктан, алар тез эле өнүп чыкты. 6 Бирок күн чыкканда, соолуп, терең тамырлай албай, куурап калды. 7 Кээ бир үрөндөр тикенектин арасына түштү. Тикенектер өсүп, аларды басып салды. 8 Кээ бир үрөндөр жакшы топуракка түшүп, бири жүз эсе, бири алтымыш эсе, бири отуз эсе түшүм берди. 285


9 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!» 10 Шакирттери жакын келип, Ыйсадан: «Эмне үчүн Сен аларга үлгү-насаат аңгемелер менен сүйлөп жатасың?» – деп сурашты. 11 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерге Асман Падышачылыгынын сырларын таанып билүү мүмкүнчүлүгү берилди, аларга болсо берилген жок. 12 Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, анда мол болот. Ал эми кимде жок болсо, андан бар нерсеси да тартылып алынат. 13 Аларга үлгү-насаат аңгемелер менен сүйлөгөнүмдүн себеби: алар карап турушса да көрүшпөйт, угуп турушса да угушпайт жана түшүнүшпөйт. 14 Ышайанын алар жөнүндө айткан бул пайгамбарчылыгы аткарылып жатат: “Кулагыңар менен угуп турасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр; көзүңөр менен карап турасыңар, бирок көрбөйсүңөр. 15 Анткени бул элдин көкүрөгү сокур болуп калган, кулагын жаап, көзүн жуумп алган, ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, түшүнүшпөйт жана айыгыш үчүн Мага кайрылышпайт”. 16 Ал эми силер көзүңөр менен көрүп, кулагыңар менен угуп турганыңар үчүн бактылуусуңар. 17 Силерге чындыкты айтып коөюн, көп пайгамбарлар жана адил адамдар силер көргөндү көрүүнү каалашкан, бирок көрүшкөн жок. Силер укканды угууну каалашкан, бирок угушкан жок. 18 Эмесе, себүүчү жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеменин маанисин угуп алгыла. 19 Асман Падышачылыгы жөнүндөгү сөздү угуп, бирок түшүнбөгөн адамга амалкөй келет да, анын жүрөгүнө себилгенди уурдап кетет. Жол боюна түшкөн үрөн мына ушуну билдирет. 20 Таштак жерге түшкөн үрөн муну билдирет: адам сөздү угат да, дароо кубаныч менен кабыл алат. 21 Бирок сөз анын жүрөгүндө терең тамырлай албагандыктан, ал адам туруксуз болот. Сөз үчүн кайгы же куугунтук болгондо, ал дароо баш тартып кетет. 22 Тикенектин арасына түшкөн үрөн муну билдирет: адам сөздү угат, бирок бул дүйнөнүн түйшүгү жана байлыкка азгырылуу сөздү басып салат да, сөз жемиш бербей калат. 23 Жакшы жерге түшкөн үрөн сөздү угуп, түшүнгөн адамды билдирет. Ал жүз эсе, же алтымыш эсе, же отуз эсе түшүм берет».

286


24 Ыйса аларга дагы башка үлгү-насаат аңгеме айтты: «Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырууга болот: бир адам өз талаасына жакшы үрөн септи. 25 Эл уйкуда жатканда, анын душманы келип, буудай арасына кара сойлоктун уругун сээп кетти. 26 Буудай баш алып калганда, кара сойлоктор да өсүп чыкты. 27 Ошондо үй ээсинин кулдары келип: “Кожоюн, сен талааңа жакшы үрөн сеппедиң беле? Бул кара сойлоктор кайдан пайда болду?” – деп сурашты. 28 “Муну душман кылды”, – деп жооп берди үй ээси. Кулдары: “Эгерде кааласаң, биз барып, аларды жулуп таштайбыз”, – дешти. 29 Бирок үй ээси: “Жок. Кара сойлокторду жулам деп, буудайды кошо жулуп аласыңар. 30 Тим койгула, орок маалына чейин экөө чогуу өсө берсин. Орок маалы келгенде, мен орокчуларга: "Адегенде кара сойлокторду оргула да, боо-боо кылып байлап, өрттөп жибергиле. Буудайды болсо менин кампама жыйнагыла", – деп айтам”, – деди». 31 Ыйса аларга дагы мындай үлгү-насаат аңгеме айтты: «Асман Падышачылыгы талаага себилген сары кычы данына окшош. 32 Ал уруктардын ичинен эң кичинекейи болсо да, өсүп чыкканда, бардык өсүмдүктөрдөн чоң болуп, даракка айланат. Канаттуу куштар учуп келип, анын бутактарына корголошот». 33 Ыйса аларга дагы мындай үлгү-насаат аңгеме айтты: «Асман Падышачылыгы камыр ачытыш үчүн, үч ченем унга салынган ачыткыга окшош». 34 Ыйса булардын баарын элге үлгү-насаат аңгемелер менен айтты. Ал үлгүнасаат аңгемесиз сүйлөчү эмес. 35 Пайгамбар аркылуу айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду: «Менин оозумдан накыл сөздөр чыгат. Дүйнө жаратылгандан бери жашыруун болуп келе жаткан сырларды айтып берем». 36 Ыйса элди таратып жиберип, үйгө кирди. Ошондо шакирттери жанына келип: «Талаадагы кара сойлоктор жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеменин маанисин бизге түшүндүрүп берчи», – дешти. 37 Ыйса мындай деп жооп берди: «Жакшы үрөн сепкен адам – бул Адам Уулу. 38 Талаа болсо – дүйнө. Жакшы үрөн – Асман Падышачылыгынын уулдары, кара сойлоктор – шайтандын уулдары.

287


39 Кара сойлокторду сепкен душман – бул шайтан. Орок маалы – дүйнөнүн акыры, орокчулар болсо – периштелер. 40 Кара сойлоктор орулуп, өрттөлгөндөй эле, бул дүйнөнүн акырында да ушундай болот. 41 Адам Уулу Өз периштелерин жиберет. Алар күнөөгө түрткөн бардык нерсени жана мыйзамсыздык кылгандарды Анын Падышачылыгынан алып, 42 жалындап күйүп турган отко ыргытат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот. 43 Ошондо адил адамдар өздөрүнүн Атасынын Падышачылыгында күн сыяктуу жаркырашат. Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун! 44 Асман Падышачылыгы талаада жашырылган казынага да окшош: бир адам аны таап алып, кайра жашырып койду. Барып, кубанганынан колунда болгондун баарын сатты да, ал талааны сатып алды. 45 Асман Падышачылыгы асыл бермет издеген соодагерге да окшош: 46 күндөрдүн биринде ал кымбат баалуу берметти тапты. Анан барып, колунда болгондун баарын сатты да, ал берметти сатып алды. 47 Асман Падышачылыгы ар кандай балыктарды кармаган чоң торго да окшош. 48 Тор балыкка толгондо, аны жээкке тартып чыгарышат да, отуруп алып, жакшы балыктарды идиштерге салып алышат, ал эми жамандарын ыргытып жиберишет. 49 Дүйнөнүн акырында да ушундай болот: периштелер келип, адилетсиздерди адилеттүүлөрдөн бөлүп алып, 50 жалындап күйүп турган отко ыргытышат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот». 51 Ыйса шакирттеринен: «Булардын баарын түшүндүңөрбү?» – деп сурады. Алар Ага: «Түшүндүк», – деп жооп беришти. 52 Ошондо Ал шакирттерине: «Ошондуктан Асман Падышачылыгы жөнүндө насаат алган ар бир мыйзам окутуучу өз казынасынан жаңыны да, эскини да алып чыккан үй ээсине окшош», – деди. 53 Ыйса бул үлгү-насаат аңгемелерди айтып бүткөндөн кийин, ал жерден кетти. ЛУКА БӨЛҮМ 12 16 Анан аларга үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөдү: «Бир бай адам талаасынан мол түшүм алат. 288


17 Ошондо ал минтип ойлонот: “Түшүмүмдү жыя турган жер жок. Эмне кылсам? 18 Мындай кылайын: кампаларымды бузуп, чоңураак кылып салайын да, бүт түшүмүмдү жана бардык байлыгымды ошол жерге жыйнайын. 19 Анан өзүмө: "Жаным, сенде көп жылдарга жете турган байлык бар. Эс ал, ичипже, көңүл ач", – деп айтайын”, – дейт. 20 Бирок Кудай ага: “Акылсыз, ушул түнү жаның алынат. Ошондо сенин жыйып койгондоруң кимге калат?” – деп айтат. 21 Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын байлыгы менен байыбаган адамга ушундай болот».

Одним из неоспоримых доказателӊств Божественного происхождения Күурана и Его превосходства над искаженной (по версии исламских богословов) Библии должны служитӊ приведенные в Күуране притчи от Бога. Я уверен что читателӊ сам сможет датӊ обүективную оценку притчам Күурана и Библии, сравнив их по стилю и содержанию.

КОРУТУНДУ Исламдык диний-окумуштуулардын айтымы боюнча Курандын Кудайдан түшкөндүгү, бурмаланып калган Библиядан Курандын артыкчылыгы андагы жазылган Кудайдын накыл сөздөрү аркылуу тастыкталат. Мен ишенем, Курандагы жана Библиядагы накыл сөздөрдү адам кылдаттык менен окуп салыштырып чыкса, маанисин карап чыкса, аларга соо көз караш жүргүзүп, туура баа бере алат.

289


БӨЛҮМ 7 ЖЕТИ КАБАТ АСМАН КУРАН “ЖЕТИ КАБАТ АСМАН” СҮРӨ 2 БАКАРА 29. Ал силер үчүн жердеги бардык нерселерди жаратып, андан соӉ асманды максат кылды жана аны жети асман кылып жаратты. Ал бардык нерсени Билүүчү. СҮРӨ 17 290


ИСРАА 44. Аллахка жети асман, жер жана алардагы бардык нерселер мактоо менен тасбих айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер түшүнбөйсүӊөр. Чынында. Аллах Кеӊпейил, Кечирүүчү. СҮРӨ 41 ФУССИЛАТ 12. Анан эки эки күндүн ичинде жети асманды түтүрдү жана ар бир асманга өз ишин вахий кылды. Жана Дүйнө Асманын чырактар менен кооздодук. Коргоочу. Бул Илимдүү, Кудуреттүү Аллахтын тагдыры СҮРӨ 65 ТАЛАК 12. Аллах жети кабат асмандарды жана жерден да ошончосун жаратты. Алардын арасына буйруктар, Аллах ар нерсеге кудуреттүү экенин жана Аллах ар нерсени илим менен камтып алганын билишиӊер үчүн түшүп турат. СҮРӨ 67 МҮЛК 3. Ал жети асманды кабат-кабат жараткан. Сен Рахмандын жаратканында эч кандай кемчилдик таба албайсыӊ. Эми дагы бир кара! Кемчилдик көрөөр бекенсиӉ? 4. Анан дагы кайра-кайра үӊүл! Көз сага тунарган, чарчаган бойдон кайта берет! 5. Биз дүйнө асманын жылдыз-чырактар менен кооздоп, аларды шайтандар үчүн атылуучу таш кылдык. Жана Биз алар үчүн тозок азабын даярдап койдук. СҮРӨ 71 НУХ 14. Ал силерди доор-доор менен жаратты го. 15. Аллах жети асманды кабат-кабаты менен кандай жаратканына карабайсыӉарбы? 16. Жана Ал асмандардын койнундагы Айды нур, ал эми Күндү чырак кылып койгон. 17. Жана Аллах силерди жерден гана өстүрүп чыгарган. 291


18. Кийин силерди кайра топуракка кайтарып, чыгарып алат.

БИБЛИЯ “ЖЕТИ КАБАТ АСМАН” 2-КОРУНТТУКТАР БӨЛҮМ 12 1 Пайдасыз болгонуна карабастан, мактанууга туура келет. Теңирдин көрүнүштөрү жана аяндары жөнүндө сөз кылууга өтөйүн. 2 Машайакка таандык бир адамды билем, мындан он төрт жыл мурун ал үчүнчү асманга көтөрүлгөн эле. Ал денеси менен жогору алындыбы же денесиз жогору алындыбы, билбейм, Кудай билет. 3 Мен ушундай адам жөнүндө билем, бирок ал денеси менен жогору алындыбы же денесиз жогору алындыбы, билбейм, муну Кудай билет. 4 Ал адамдын бейишке көтөрүлгөндүгүн билем. Ал жерден ал адам сөз менен айтып жеткиргис, адам айтып бере алгыс сөздөрдү уккан. 5 Мындай адам менен мактана алам. Өзүм болсо алсыздыктарымдан башка эч нерсе менен мактана албайм.

КОММЕНТАРИЙ Куранда жети кабат асман бар деп айтылат, ал эми Библияда – үч: Үчүнчү асман – Кудайтын турак жайы Экинчи асман – аалам (галлактика), жылдыздар… 292


Биринчи асман – биздин атмосфера Тафсирде(Куран чечмелөөсү) мындай деп жазылуу: “…Куран аяттары боюнча бардык асмандагы нерселер (жылдыздар, планеталар жб.) биринчи асманда. Мындан сырткары дагы алты асман бар, аларды биз эӊ заманбап шаймандар менен да көрө албайбыз. Ошентип, биздин үстүбүздө жети катар сфера бар – жети асман. Буга далил: «Биз ылдыйкы асманды чырактар менен кооздоп койдук…» (Фуссилат (Разүясненные) - 41:12). Дагы башка аят: «Биз жакынкы асманды жылдыздар менен кооздоп койдук…» (Ас-саффат (Стоящие в ряды) - 37:6). Бул аяттар боюнча жылдыздар биринчи асманда экенин тастыктап турат. Биринчи асмандын үстүндө дагы алты асман бар, бирок бүгүнкүгө чейин бул тууралуу туура, так маалымат жок. Бизге маалым болбогон дагы алты асман тууралуу кеп кылып жатабыз, балким, келечектин илими муну таап, билип чыгаар. Адамзаттын билими жеткилеӊ эмес. Илим өнүгүп өскөн сайын ааламдын жаратылуу фактылары тууралуу шумдуктуудай нерселер ачылып келе жатат. Мисалы, астрономия илиминдеги жөнөкөй жердеги телескоптордун күчү жетпей турган алыстыкка спутникке орнотулган радиотелескопторду жана башка заманбап технологияларды колдонуп келишет. Булардын жардамы менен миллиард жарык-жылдык аралыкты изилдөөгө жол ачылды. «Саманчынын жолу» жакта көптөгөн башка күн-системалары табылды. Астрономдор айтышат, бул жетишкендиктер чектелбейт, дагы алдыга жылыш болот, аалам мейкиндигинде дагы көптөгөн ачылыштар күтүп турат. Бул илимдин өнүгүп өсүшү менен бирге дагы жаӊы галлактикалар жана асман-сфералары ачыла баштайт…” Өйдөдө айтылган нерселерден кийин 15 аят (Куранда) кызык болуп чыгат: 15. Аллах жети асманды кабат-кабаты менен кандай жаратканына карабайсыӉарбы? Бул жерде суроо туура эмес коюлган, анткени ислам окумуштуулары өзүлөрү да айткандай жети кабат асманды бүгүнкү күнү да көрүү мүмкүн эмес.

293


БӨЛҮМ 8 МУХАММЕД КУРАН “МУХАММЕДДИН АЙТКАНЫ” СҮРӨ 46 АХКАФ 9. Айткын - Мен Пайгамбарлардын жаӊысы эмесмин. Жана не өзүмө, не силерге эмне иш болоорун билбеймин. 10. Айткын - Мага айткылачы, эгерде Аллахтан болсо жана силер ага каапыр болсоӊор... жана Исрайил урпактарынан болгон бир күбө дагы анын чындыгына күбөлүк берип, ыйман келтирсе... а силер дагы эле текеберленесиӊер... Аллах заалым коомдорду Туура Жолго баштабайт. СҮРӨ 2 БАКАРА 136. Айткыла - Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Якубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Ыйсага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларданбыз. СҮРӨ 5 МАИДА 48. Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды ичине камтыган китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми, алардын арасында Аллах түшүргөн Китеп менен өкүм кыл. Өзүӊө келген акыйкаттан алардын каалоолоруна ээрчип кетпе. Биз силердин бардыгыӊар үчүн өз алдынча шарияттар жана жол-жоруктар кылдык. Эгер Аллах кааласа, бардыгыӊарды бир гана үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе силерди сынаш үчүн. Эми, жакшылык иштерди бири-бириӊер менен жарышып 294


жасагыла. Бардыгыӊардын кайтууӊар - Аллахка. Кийин Ал силерге өзгөчөлөнгөн нерсеӊердин кабарын берет. СҮРӨ 23 МУМИНУН 116. Чыныгы Падыша - Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Улуу Арштын Ээси болгон Аллах Бийик! СҮРӨ 29 АНКАБУТ 45. ӨзүӉө вахий кылынган Китепти окуп бер жана намазды орундат. Чынында, намаз бузук жана күнөө иштерден кайтарат. Аллахты зикир кылуу эӊ улук нерсе. Аллах силердин эмне жасаганыӊарды билип турат. 46. Силер китеп элдери менен талашып-тартышып калсаӊар, эӊ жакшы менен талашкыла. Ал эми, алардын арасынан зулум кылгандар жана айткыла - Биз өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге жана силерге түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиргенбиз. Биздин кудайыбыз жана силердин кудайыӉар бир. Биз Ага моюн сунуучуларбыз. СҮРӨ 39 ЗУМАР 11. Айт - Мен Аллахтын Өзүнө динди калыс кылган абалда ибадат кылууга буюрулдум. 12. Жана мусулмандардын алдыӉкысы болууга буюрулдум.

БИБЛИЯ “МУХАММЕДДИН АЙТКАНЫ” ЖАКАН БӨЛҮМ 14 1 Кайгырбагыла. Кудайга жана Мага ишенгиле.

295


2 Атамдын үйүндө орун көп. Эгерде андай болбосо, Мен силерге айтмакмын. Мен силерге орун даярдаганы бара жатам. 3 Барып, силерге орун даярдап койгондон кийин, кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем. 4 Ал эми Менин кайда бара жатканымды, ал жакка алып баруучу жолду силер билесиңер». 5 «Теңир, Сенин кайда бара жатканыңды билбесек, ал жакка алып баруучу жолду кайдан билмек элек?» – деди Томас. 6 Ыйса ага: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт. 7 Эгерде Мени билсеңер, Атамды да билмексиңер. Ушул убакыттан тартып, Аны билип калдыңар жана көрдүңөр», – деди.

КОММЕНТАРИЙ КУРАНДА: 1. Ар бир мусулмандын эӊ бир чечкиндүү аныктамасын көрө алабыз: мен Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка, Мусага, Ыйсага “... түшүрүлгөн (жогорудан берилген)...” нерсеге ишенем! Бул жерде дээрлик бүт Эски жана Жаӊы осуят (Библия) камтылып турат. Бирок, алардын убагындагы ыйык жазууларды окуу тууралуу Куранда эч нерсе жазылган эмес. Тескерисинче, ал ыйык жазууларга ишенгүүгө болбойт, алар бурмаланган деп эсептешет. Ошентип, мусулман адамга Куранга чейин эмне болгонун Куран аркылуу гана билүү жолу бар. 2. Мухаммеддин айтканы анын ордун (ким экенин) так аныктайт Утверждение Мухаммеда точно определяет его положение “... Жана не өзүмө, не силерге эмне иш болоорун билбеймин…”. 3. Мухаммед мен биринчи мусулманмын деп айткан: 12. Жана мусулмандардын алдыӉкысы болууга буюрулдум. Бирок көп Курандын аяттарында Мухаммедке чейин илгери деле бардык пайгамбарлар мусулман болушкан. 296


132. 132. Ибрахим өзүнүн балдарына ушул гана динди осуят кылып калтырган. Жана Якуб дагы балдарына - О, балдарым, Аллах силерге ушул динди тандады. Эми, силер моюн сунган абалда гана өлгүлө - деп осуят кылган. 52. Иса алардын ишенбестигин сезгенде, мындай деди: «Аллах жолунда ким мага жардамчы болот?», элчилер айтышты: «Биз – Аллахтын жардамчыларыбыз, биз Аллахка ишенип калдык. Биз мусулман экендигибиздин күбөсү бол! 66-67. Ыбрайым көп кудайларга табынчу эмес, ал бир Куайга ишенген, мусулман болчу. ) 66. Аллахтан башка, өзүӊөргө не зыян, не пайда келтире албаган кудайларга сыйынып жатасыӊарбы? 67. Силерден дагы, Аллахтан башка сыйынган кудайларыӊардан дагы тажадым! Акылыӊарды иштетпейсиӊерби?! 111. Я внушил апостолам: «Уверуйте в Меня и Моего посланника». Они сказали: «Мы уверовали! Засвидетелӊствуй же, что мы стали мусулӊманами». 112. Вот сказали апостолы: «О Иса (Ыйса), сын Марӊям (Марии)! Может ли твой Господӊ ниспослатӊ нам трапезу с неба?» Он сказал: «Бойтесӊ Аллаха, если вы являетесӊ верующими». 161. Скажи: «Воистину, мой Господӊ наставил меня на прямой путӊ, на правилӊную религию, веру Ибрахима (Ыбрайыма), истинное единобожие. Он не был из числа многобожников». 162. Скажи: «Воистину, мой намаз и мое жертвоприношение (или поклонение), моя жизнӊ и моя смертӊ посвящены Аллаху, Господу миров, 163. у Которого нет сотоварищей. Это мне велено, и я являюсӊ первым из мусулӊман». 123. Фираун айтты: Мен силерге уруксат бербей туруп, ага ыйман келтирдиӉерби? Чынында бул силердин шаар элин чыгарып кетүүӉөр үчүн шаарда эле ойлоп тапкан айлакерлигиӉер! Жакында билип аласыӊар! 124. Мен силердин колу-бутуӊарды каршы терши жагынан кыркып, анан кийин бардыгыӊды асып өлтүрөмүн! 125. Сыйкырчылар айтышты: Биз Раббибизге кайтуучу болдук! 126. Сен бизден Раббибиздин далил-моожизалары келген учурда ыйман келтиргенибиз үчүн гана өч алып жатасыӊ! О, Раббибиз! Бизге сабыр жаадыргын! Жана биздин жаныбызды мусулман абалда алгын! 297


71. Прочти им рассказ о Нухе (Ное). Вот он сказал своему народу: «О народ мой! Если вам тяжко от того, что я нахожусӊ среди вас и напоминаю о знамениях Аллаха, то я уповаю на Аллаха. Обүединитесӊ со своими идолами и действуйте открыто, а затем вынесите свой приговор и не предоставляйте мне отсрочки. 72. Но если вы отвернетесӊ, то ведӊ я не просил у вас награды. Меня вознаградит толӊко Аллах, и мне велено бытӊ одним из мусулӊман». 84. Муса айтты: О, коомум! Эгер Аллахка ыйман келтирген жана мусулман болсоӊор, Аллахка тобокел кылгыла! 90. Биз Исрайил урпактарын деӊизден өткөрдүк. Фираун менен анын аскерлери зулумдук жана душмандык кылуу үчүн аларды кууп келди. Качан гана Фираун чөгө баштаганда: Ыйман келтирдим! Чын эле, Исрайил урпактары ишенген Аллахтан башка кудай жок! Мен да мусулмандардын биримин! - деди. 99. Юсуфка киришкенде, ата-энесин үйүнө түшүрүп: Мисирге кош келдиӉиздер! Аллах кааласа тынч келдиӉиздер! - деди. 100. жана ата-энесин тактыга алып барды. Бардыгы ага сажда кылып жыгылышты. Юсуф: О, атаке! Бул - менин мурунку түшүмдүн мааниси.Раббим ал түшүмдү акыйкатка айландырды. Ал мени зындандан чыгарганда, силерди ээн чөлдөн алып келгенде жана шайтан мени менен агаларымдын арасын бузгандан кийинки кездерде меге жакшылык кылды. Чынында, Раббим каалаган ишин кылдаттык менен иш жүзүнө ашырып коюучу! Ал - Билүүчү, Даанышман! 101. О, Раббим! Мага мүлк-бийлик берип, түштөрдүн маанисин үйрөттүӊ. О, асмандар жана жердин жаратуучусу! Менин дүйнө-Акыреттеги сактоочум Өзүӊсүӊ! Мени мусулман абалда өлтүрүп жакшы адамдарга кошкун! 42. жетип келгенде - Сенин тактыӉ ушундай беле? - деп суралды. Дал өзү го -деди ал. Бизге мындан мунун илим берилген жана биз мусулмандардан болдук. 52. Те, кому Мы прежде даровали Писание, уверовали в него (Куран). 53. Когда им читают его, они говорят: «Мы уверовали в него! Это – истина от нашего Господа. Мы и прежде были мусулӊманами».

БИБЛИЯДА: 1. Ыйык жазуу башынан аягына чейин Кудайдын Рухунун жардамы менен жазылган, мындагы пайгамбарчылыктар Ыйык Рухтун жетеги менен пайгамбарлар тарабынан айтылып турган. 298


2. Ыйса сказал:”… Мен кайда барарымды силер билесиӊер, жолду да билесиӊер… …Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт.” (МАТАЙ БӨЛҮМ 15) ”… 12 Ошондо шакирттери келип, Ага: «Билесиңби, фарисейлер бул сөздү укканда кыжырданышты», – дешти. 13 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк түп-тамыры менен жок кылынат. 14 Аларды жайына койгула. Алар – сокурлардын сокур жол башчылары. Сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт».

БӨЛҮМ 9 ЫЙЫК КИТЕП КУРАН “ЧЫНДЫК КИТЕБИ” СҮРӨ 10 ЮНУС 37. Бул Куран Аллахтан башка эч кимден келбеген. Ал өзүнөн мурунку китептерди тастыктайт, толук баяндап берет. Анын ааламдардын Раббиси тарабынан келгенине эч бир шек-күмөн жок. 38. Же алар - Аны ойдон чыгарган - дешеби? Айткын - Эгер чынчыл болсоӉор, Аллахтан башка колуӉардан келген ар кимдерди чакырып болсо да, ушуга окшош бир гана сүрө келтиргилечи? 39. Жок! Алар Кураанды үйрөнбөй туруп, анын түшүнүк-мааниси аларга келбей туруп жалган дешет. Алардан мурунку каапырлар дагы ушинтип жалган дешкен. Эми, заалымдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун карап тур. СҮРӨ 11 ХУД 12. Ага асмандан казына түшсө же асмандан периште келсе болбойт беле беле - деген сөздөрү себептүү балким, Сенин жүрөгүӊ сыгылып, өзүӊө 299


вахий кылынган кээ бир аяттарды таштагыӊ келээр. Сен - эстетүүчүсүӊ. Аллах ар нерсенин сактоочусу. 13. Же болбосо алар ойлоп чыгарган дешеби? Айткын - Эгер сөзүӊөр чын болсо, Аллахтан башка чакыра алганаӉардын баарын жардамга чакырып, ушуга окшош он даана ойлоп чыгарылган сүрө келтиргилечи, кана! СҮРӨ 13 РААД 1. Алиф, Лам, Раа. Булар - Китеп аяттары. Жана сага РаббиӉ тарабынан түшүрүлгөн нерсе - Акыйкат. Бирок, көпчүлүк адамдар ишенишпейт. СҮРӨ 15 ХИЖР 1. Алиф, Лам, Раа. Булар Китептин - Анык Кураандын аяттары. 2. Каапырлар мусулман болууну эӊсеп калаары бышык. СҮРӨ 16 НАХЛ 64. Биз сага, алар талашып калган маселелерди анык баяндап беришиӊ үчүн жана ыймандуу адамдарга Туура Жол, Ырайым болуш үчүн Китепти түшүрдүк. 89. Биз кайрадан тирилткен Күндө ар бир үммөткө өздөрүнөн бир күбөнү алып келебиз. Сени да тигилерге күбө катары алып келдик. Биз сага Китепти ар бир нерсеге Баяндама, Туура Жол, Ырайым жана мусулмандар үчүн Жакшы Кабар иретинде түшүрдүк. СҮРӨ 17 ИСРАА 45. Эгер Кураан окусаӊ, сени менен Акыретке ишенбегендердин арасына тосулган парда тартып койобуз. 46. Жана алардын жүрөктөрүнө Куранды түшүнө албай калсын деп, чүмбөт ороп, кулактарын дүлөй кылып койобуз. Качан сен Кураанда жалгыз РаббиӉди эстесеӉ, артка бурулуп, качып кетишет. 47. Алар сени эмне себептен угуп жатканын биз жакшыраак билебиз. Андыктан алар сени укканда, шыбырашканда -Силер сыйкырланган адамга ээрчип жатасыӊар- дешет. 300


48. Карачы, алар сага кандай гана мисалдарды келтирип, экинчи жол таба албай турган болуп адашышат. 49. Жана -биз сөөктөр жана чириген тарп болуп калсак деле, жаӉыдан жаратылып, кайра тирилебиз - дешет. 88. Айткын - Эгер инсандар жана жиндер ушул Кураан сыяктуу келтирүүгө чогулушуп, бири-бирине жардамчы болушса да, анын окшошун келтире алышпайт. 106. Биз Кураанды ажыратуучу кылдык жана аны адамдарга шашылбай окуп беришиӉ үчүн бөлүп-бөлүп түшүрдүк. 107. айткын - Силер ага ыйман келтирсеӉер да ыйман келтирбесеӉер дагы. Андан мурунку илимдүү адамдар өздөрүнө Кураан окулганда бети менен саждага жыгылышып 108. Раббибиз Аруу-Таза! Раббибиздин убадасы сөзсүз аткарылат! - дешкен. 109. Алар ыйлаган бойдон бети менен жыгылышканда алардын кичипейилдиктерин көбөйтөт. СҮРӨ 18 КАХФ 1. Өзүнүн пендесине Китеп түшүргөнгө мактоолор болсун! Ал анда бир дагы карама-каршылыкка жол бербеди. 2. аны эӊ туура сүрөтүндө. Өзүнүн алдындагы катуу азаптан коркутуш үчүн жана жакшы амал кылган момундарга эӊ мыкты сооптор бар экени жөнүндө куш кабар бериш үчүн. 3. Алар анда түбөлүк калышат. СҮРӨ 24 НУР 1. Бул сүрөнү Биз түшүрдүк, аны Биз парыз кылдык жана эскерме-сабак алаарсыӉар деп, анын ичинде анык далилдерди түшүрдүк. СҮРӨ 27 НАМЛ 1. Та. Син. Булар - Кураандын жана ачык-айрым Китептин аяттары. 2. Туура Жол жана момундарга куш кабар 3. Алар намазды толук окушат, зекетти беришет жана Акыреттерине бекем ишенишет. 301


4. Ал эми Акыретке ишенбеген адамдарга Биз иштерин кооз көргөзүп койдук. Эми алар адашып-тентип жүрө беришет. 5. Алар азаптын эӊ жаманына жолугуучулар! Алар Акыретте эӊ көп зыян тартуучулар. 6. Жана чынында Кураан - Билүүчү, Даанышман тарабынан берилген. 76. Чынында бул Кураан Исрайил урпактарына алар талашыптартышкан көп маслелерин икая кылып берет. 77. Ал момундар үчүн Ырайым жана Хидаят СҮРӨ 28 КАСАС 2. Булар анык Китеп аяттары. СҮРӨ 29 АНКАБУТ 47. Ошентип, сага Китеп түшүрдүк. Биз китеп түшүргөндөр дагы ал Китепке ыйман келтиришүүдө. Тигилердин арасында деле Кураанга ыйман келтиргендер бар. Биздин аяттарыбызды каапыр адамдар гана четке кагат. 48. Сен Кураандан мурда эч бир китепти окуган эмессиӉ. Сен аны өзүӉдүн оӉ колуӉ менен жазууну билген эмессиӉ. Анда, кара-ниеттер шектенип калышмак. 49. Жок! Ал - илимдүү кишилердин көкүрөгүндөгү анык-айкын аяттар. Биздин аяттарыбызды заалым адамдар гана четке кагат. СҮРӨ 32 САЖДА 2. . Китептин түшүрүлүүсү ааламдардын Раббиси тарабынан. Анда шеккүмөн жок. СҮРӨ 39 ЗУМАР 1. Бул Китептин түшүшү Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан. 2. Биз сага Китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми Динди Аллахтын Өзүнө гана калыс абалда ибадат кыл. 23. Аллах эӉ мыкты сөздөрдү бири-бирине окшош жана кайталантып келген Китеп сүрөтүндө түшүрдү. Ал Китептен Раббисинен корккон 302


пенделердин терилери титирейт. Анан терилери жана жүрөктөрү Аллахты эстегенге жумшап калат. Бул Аллахтын Хидаят бергени. Аллах Өз Хидаяты менен каалаган пендесин Туура Жолго баштайт. Ал эми, Аллах кимди адаштырып койсо, ал үчүн Туура Жолго баштоочу табылбайт. СҮРӨ 40 ГААФЫР 2. Китептин түшүүсү, Кудуреттүү, Илимдүү, Аллах тарабынан болду. СҮРӨ 54 КАМАР 17.,22.,32.,40. Биз Кураанды эскерүүгө жеӊил кылдык, эскерүүчү барбы?

БИБЛИЯ “ЧЫНДЫК КИТЕБИ” МИСИРДЕН ЧЫГУУ БӨЛҮМ 24 7 Анан келишим жазылган китепти алып, элге угуза окуп берди. Ошондо эл: «Теңир эмнени айтса, ошонун бардыгын аткарабыз, тил алабыз», – деди. МЫЙЗАМ КАЙТАЛОО БӨЛҮМ 28

303


58 Эгерде бул китепке жазылган мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарууга аракет кылбасаң, даңктуу, коркунучтуу Кудай-Теңириңдин ысымынан коркпосоң, МЫЙЗАМ КАЙТАЛОО БӨЛҮМ 31 24 Муса бул мыйзамдын баарын китепке жазып бүткөндө, 25 Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жүргөн лебилерге мындай буйрук берди: 26 «Бул мыйзам китебин алып, Кудай-Теңириңердин, келишим сандыгынын оң жагына салып койгула, ал ошол жерде сага каршы күбө болот. ЫЙСА НАВИН БӨЛҮМ 1 8 Бул мыйзам китебинде жазылгандар оозуңдан түшпөсүн, анда жазылгандардын бардыгын так аткарыш үчүн, алар жөнүндө күнү-түнү ой жүгүрт, ошондо сен өз жолдоруңда ийгиликке жетишесиң жана акылмандуулук менен иш кыласың. 2-ЖЫЛНААМА БӨЛҮМ 34 14 Теңир үйүндөгү күмүштөрдү алып жатканда, башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкия Теңирдин Муса аркылуу берген мыйзам китебин таап алды. ЫШАЙА БӨЛҮМ 34 16 Теңирдин китебинен издеп таап окугула. Алардын бири да болбой койбойт, бири экинчиси менен алмаштырылбайт, анткени Теңир Өз оозу менен буйрук кылган, аларды Анын Руху Өзү чогултат. ЭЛЧИЛЕРДИН ИШТЕРИ БӨЛҮМ 1 16 «Бир туугандар! Ыйсаны кармап кеткени келгендерге жол көрсөткөн Жүйүт туурасында Ыйык Рухтун Дөөт аркылуу Ыйык Жазууда алдын ала айткан сөзү орундалууга тийиш болчу. 304


2-ПЕТИР БӨЛҮМ 1 20 Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты эч ким өзүнөн өзү айтпагандыгын билишиңер керек. 21 Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан. 2-ТИМЕТЕЙ БӨЛҮМ 3 16 Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. 17 Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот.

КОММЕНТАРИЙ Бул жерде айтылып жатат – Куран бул китеп жана аян, Кудайдан түшкөн, жана Мухаммед муну алгандан бери өзгөрүүгө дуушар болгон эмес. Библия дагы чыныгы Кудайдын сөзү деп айтылат. Бул эки китептеги айырмачылыктар Адам атадан башталып, баштан аяк окшошпостуктар толгон. Мазмуну боюнча да айырмаланып турат, же кээ бир жерлерде карама-каршы болуп турат. Бул эки китептин бирөө гана чыныгы Кудайдын сөзү. Ал эми ар бирөөбүздүн тапшырмабыз (максатыбыз) жалгыз туура чечим чыгаруу.

305


КОРУТУНДУ Библиялык жана курандык окуялардын айырмачылыктары Адам атадан баштап андан кийинки бардык китептерде бар. Бул эки китепин жалпы нерсесин табуу кыйын, анткени алар бир эле окуяны ар башкача айтышат. Мен Куран менен Библиянын аяттарын салыштыруу жүргүзгөндөн кийин эки китептин дал келишпестиктерин түшүндүрүүнүн эки мүмкүнчүлүгүн таптым: 1. Куранды Мухаммед «Жогорудан жардамы» жок эле жазган. Ошондой эле ошол доордогу библиялык ооздон оозго өткөн ар кандай бурмаланган баяндарды, канондук эмес (жалган) жакшы кабарларды колдонгон. Бул учурда Куран - бул Библияны тааныбаган адамдар үчүн жазылган Библия сыяктуу китепти ойлоп чыгаруу аракети болуп калат. 2. Мухаммед Куранды аян катары бир периште – библиялык каарман, өзүн Жебиреил деп атаган периште аркылуу алган. Ал периште мен КудайАллахтын элчисимин деп айткан. Мындай учурда Курандын Аллахы жана Библиядагы Кудай такыр бири-биринен айырмаланып турушат. Жана бүткүл ислам дүйнөсү христиандар жана жүйүттөр тааныбаган Кудайга табынышат. Курандын Библиядан кийинки чыныгы Кудайдын китеби экенин шексиз далилдөө үчүн Куран өзү да, ислам окумуштуулары да бир себепке таянышат – бүгүнкү күндөгү Библия адамдар тарабынан бурмаланып, өзгөртүлүп калган жана ага ишенүүгө болбойт. Ошентип, исламда Куран де-факто жалгыз гана туура китеп деген орунду ээлейт. Ошол себептен дүйнөдө миллиарддан ашуун мусулман бар, алар Библияны окумак тургай, колдоруна да алып көрүкөн эмес, ошол эле учурда аларда Библияга каршы бекем, орноп 306


калган каршылык бар. Андан бетер, кээ бир ислам окумуштуулары Куранды билип туруп, Библияны ашкерелөө үчүн ушул китепти (Библияны) окуп келишет, мен ушуну түшүнө албайм. Менин китебимдин максаты – окурманга төмөндөгү суроого так жооп табуу: христиандар менен мусулмандар бир эле Кудайга табынышабы? Ал эми апокрифтик жакшы кабарлар тууралуу айта турган болсок, анда, мындай кол жазмаларда негизги көӊүл Мариямга бөлүнөт, ошондой эле анын күйөөсү Жусупка да көӊүл бөлүнөт, бул экөөнүн адамзатты куткаруудагы мааниси, Библияда бул нерселер жазылган эмес. Апокрифтер христиан дүйнөсүндө көптөгөн салт санаалардын тамыры болуп калган, алардын чоӊ таасири бар, бирок, буга карабастан, булар Ыйса тууралуу ишенимдүү маалымат булагы боло албайт, дегеле Кудай Сөзү боло албайт.

307


Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.