Выпуск №6 июнь

Page 1

10-бетте КУРМАНЖАН ДАТКА

Конкурсубуз 30-июлга чейин уланат. чамдагыла! 2-беттен караңыз

Российско-кыргызский издательский проект

6-бетте

Кадыров Нургазы: «Кыргызстаныма барып

Июнь, 2012 г. / N 6 (16)

w w w.birg e.r u

кичине болсо да

салымымды кошом»

на 4-й стр. Айджигит БУРАНОВ:

Египетке саякат

8-9-беттерде

«По прямой между Бишкеком и Баку»

на 5-й стр.

РоналдуМесси д уэл и

13-бетте 7-бетте Кыргыздар, єз баалуулугубузду биле жїрсєк

19-бетте

Сохранить

и Преумножить Окурмандардын эсине!!!

Урматтуу окурман гезитибиздин кийинки сандары эми «БИРГЕ.РУ» деген ат менен чыгат!

Погода на 20-30 июнь Бишкек днем +340 C ночью+220 C

Москва днем +24 C 0

« Ж и ги т т ер» ко м анд ас ы нан б еке р кү л кү

ночью+120 C

Курсы валют Москва USD 32.52 (-0.2882) EUR 41.3230 (+.1267)

Бишкек

USD EUR RUB

47.24 59.42 1.44


2

Июнь, 2012 г. №6

w w w.birge.ru

«Бирге» долбоорунун жаңылыктары

Редакторд ун колонкасы

Кыргыздын кымча белдүү, таланттуу кыздарына кастинг болуп өттү

Мадина ЖАПАРОВА, «БИРГЕ»

гезитинин башкы редактору 8 (915) 006 - 43 - 81 8 (925) 402 - 45 - 85 jamesosh@rambler.ru magia-osh@mail.ru

Күндөрүбүз керемет...

Ар бир көз ирмем өзүнчө баалуу эмеспи. Бүгүнкү күн эртең жок, аманат күндөр. Барктай билели. өткөн күндү эстегенде сыймык менен, суктануу, сагынуу менен карап, арман, атаганат деп, жүрөк кыйналбай турган болсун. Мен жашоонун бар керемети болгону Күндөрүбүз экенине ынандым. Сиз да окурманым ой толгоп көрүңүзчү? Мүмкүн мен ынанган ойго Сиз да ынанаарсыз... Жашоонун бардыгы бүгүн... Кечээгиси жок, эртеңкиси белгисиз... Бул биздин күндөр, бактылуу, азаптуу, зериктирген, бир түстө өткөн коендой окшош күндөр, шаңдуу кызыктарга бай күндөр,... Ар бир күнүбүз өзүнчө бир дүйнө, бир тарых тура, көрсө. Ар бир күндү акыркы күндү жашап жаткандай жашай билиш керектигин ойчулдар эчак эле айтып өткөн. Бирок сизде суроо пайда болгон чыгаар. Эртеңкини ойлобобу деген. Албетте ойлойбуз, кантип ойлонбойлу. Кечээгини эскерип, бүгүнкү күн менен жашап, эртеңкиге жакшы тилек кылып жашайлы дегеним. Жашообуз маанисин жоготпосун. Келечек бүгүнкүдөн куралат эмеспи. Эс алууга да жетишиңизди каалап кетээр элем окурманым. Жумуш-үй-жумуш деп, анан москвалыктарга окшоп, ичимдик ичип коюп же жаштарыбыз дискотекага гана барып койбостон, убакыт таап табияттын кооз жерлерин көргөнгө шартты өзүбүз түзөрүбүздү унутпаңыз, урматтуу окурманым. Жашооңузду кандай жашоо өзүңүздүн колуңузда. Бакытты, байлыкты, бийликти, ийгиликти багындырып үйрөнөлү, албетте, сүйүүнүн жардамы менен. Дүйнөнү сулуулук сактап турат деген сөз бар. Мен бул сөздү тууралап кетким келип турат. Дүйнөдө сүйүү бар үчүн сакталып турат деп. Анткени сүйүү бар болгону үчүн бири-бирибизге болгон жылуу мамиле, көз караш, жакшылык иштер баары жасалып жатат. Сүйүү жок болгондо жашоо уланмак эмес, дүйнө турмак да эмес. Жашоонун баары сүйүүгө келип чечилерине маани бериңиз. ар бирибиздин жүрөгүбүздө сүйүү жашаган учурда гана жашообуз көрктүү болот. Сүйгөн адам бүгүнкү күн, көз ирмем менен жашап, эртеңкиге тилек кылат, кечээгисин эскерет. Жашоо-дүйнө кооз, керемет көрүнөт. Ал адам жашоосун бактылуу жашап өтүү үчүн умтулат. Жумушту да, эс алууну да бирдей алып кете алат. Жүрөгүндө сүйүү жашаган үчүн дүйнөнүн кереметин көрө алат. Дүйнө адам үчүн жаралганына ынанат, анын сулуулугун көрүп, аны менен бир агымда жашоого үйрөнөт. Мына ошондой сүйүп жашаган адамдар бу жарык дүйнөдө көп болгону үчүн, жашоо уланып келет. Сүйүү жүрөгүндө жашаган адам бул биз, жалпы адам баласы. Жамандыктан алыс болуп, жакшылыкты жар кылып, ар бир көз ирмемди баалап, сүйүүнү өчүрбөй жашайлы урматтуу окурманым. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө СҮЙҮҮ жашасын! Ар бир күнүбүз керемет болсун!

12-июнь күнү Серебрянный бордо «Бирге» социалдык долбоору уюштурган «кыргыздын таланттуу кыздары» долбооруна карата кастинг болуп өттү. Кастингге: Кушбек кызы Каныкей, Токтогулова Айдана, Жолдошова Асель, Канназарова Аймээрим, Маликова Гулкыз, Гульбахар Якубова, Мариям Боруева, Болотбекова Аида катышып өз өнөрлөрүн

көрсөтө алышты. Аталган долбоор Москвада өсүп келе жаткан кыргыздын жаш кыздарын атабабаларыбыздын салтын канчалык деңгээлде билишет жана баркташат. Ошондой эле кыргыздын кызы кандай болушу керек деген суроолорго жоопторун сөз менен эле эмес, таланты менен да көрсөтүп берүүсү керек болду. Москванын жай айындагы салкын аба-ырайысына карабай, жаш таланттуу кыздар өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Кастингге калыс катары Бишкектен «Жигиттер» командасынын капитаны Азамат Исмаилов да чакырылган. Кыздардын ар биринин таланттарына жараша «Бирге» студиясы тарабынан ар кандай долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми бул кастингдин видео роликтери жана сүрөттөрү тууралуу «Биргенин» сайтынан көрсөңүздөр болот. Эскерте кетсек: алдыда кыздар үчүн долбоорлорубуз бар.

Конкурсубуз 30-июлга чейин уланат. чамдагыла!

Эргешбай кызы Айсалкын 240 добуш

Эргешбай кызы Айсалкын 90 добуш

Калпакчандар 37 добуш

Акбаралиева Аманкулова Алина Жазгүл 24 добуш 6 добуш

Торпогум

Алтын Исманов 56 добуш

Күчүгүм 32 добуш

Жибек Кулумбаева

Тунук булагым

Келечек 28 добуш

Дружба

Алтын Исманов

Эргешбай кызы Айпери 39 добуш

Акбаралиева Алина 26 добуш

Эламан Глазки ангела Тойчубайев

Анжела Оморова

Урматтуу окурмандар, партнерубуз БТФ банкынын демөөрчүлүгү менен өткөрүлүп жаткан конкурсубуз 30-июлга чейин узартылды. Демек, сиз үчүн конкурска катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Конкурска катышуу шарты жөпжөнөкөй birgekomanda@ yandex.ru почтасына кызыктуу сүрөтүңүздү салып жибериңиз. Ал эми сүрөттөргө добуш берүү үчүн www.birge.ru сайтына кирип катталып, «Лица Кыргызстанцев» бөлүмүнө кирип добушуңузду бере аласыз. Эскерте кетсек конкурстун жыйынтыгында:

1-орунга CANON фотоаппараты, 2-орунга iPod 3-орунга Безлимит тарифиндеги алтын номер


w w w.birge.ru

В Японии ознакомились с историей и культурой Кыргызстана 29 июня, посольство Кыргызстана в Японии в рамках празднования 20-летия установления дипломатических отношений провело презентацию для членов японского элитного клуба «Арк Хиллз Клаб». Об этом сообщили в прессслужбе Министерства иностранных дел. По ее данным, посол Кыргызстана в Японии Рысбек Молдогазиев рассказал об истории, культуре и традициях кыргызского народа, туристическом потенциале, а также о политическом и экономическом развитии страны. В ходе презентации был показан видеоролик о Кыргызстане на японском языке. Представители посольства призвали японцев посетить и воочию увидеть красоты страны. В МИД подчеркнули, что многие японские слушатели отметили глубокое содержание и красоту пейзажей страны, а также схожесть между кыргызами и японцами. Среди слушателей презентации присутствовала дочь известного японского писателя Иноуе Ясуши, которая поделилась своими позитивными впечатлениями о поездке в Кыргызстан в рамках фестиваля «Око Азии» на побережье озера Иссык-Куль.

Каныбек Иманалиев: Криминалитет обложил данью кыргызстанских мигрантов в Москве Об этом 29 июня, в Жогорку Кенеше сообщил депутат Каныбек Иманалиев (Ар-Намыс). Он пояснил, что недавно вернулся из командировки в Россию и узнал от кыргызстанского посла о трудностях мигрантов. «Посол рассказал, что сбежавшие из Кыргызстана лидеры наших преступных групп обложили данью всех таксистов, торговцев и предпринимателей», – сообщил Каныбек Иманалиев. Депутат обратился к министру внутренних дел Зарылбеку Рысалиеву с просьбой отправить в Москву следственную группу, чтобы задержать преступников. По словам парламентария, фамилии и места проживания членов криминалитета уже известны.

Польская сторона планирует сотрудничать с Джалал-Абадом Во время второго заседания кыргызскопольской межправит ел ь с т в е н ной комиссии сообщил Чрезвычайный и Полномочный посол Польши в Кыргызстане и Казахстане Яцек Ключковский. «Мы заинтересованы в развитии сотрудничества

Бирге - пресс между городами Кыргызстана и Польши в таких сферах, как формирование муниципальной налоговой базы, увеличение собираемости налогов, применение современных методов сбора доходов в муниципальный бюджет», - сказал он. По словам посла, польская сторона решила начать сотрудничать с Джалал-Абадом. «Пока мы не выбрали, какой именно город будет представлять Польшу, но Джалал-Абад имеет для нас особенное значение – во время войны там был лагерь для поляков», - добавил Яцек Ключковский. Министр экономики и антимонопольной политики Кыргызстана Темир Сариев, в свою очередь, отметил, что в Кыргызстане много других хороших городов и необходимо развивать сотрудничество и с ними.

В Кыргызстане стартует масштабный международный проект Nomadic Art Camp

В Кыргызстане стартует масштабный международный проект Nomadic Art Camp С 1 по 14 июля в Кыргызстане будет реализован международный проект Nomadic Art Camp. Об этом сегодня, 29 июня, сообщили в его оргкомитете. Проект начнется с симпозиума «Био-культурное наследие и идентичность», который пройдет с 1 по 2 июля в Кыргызском национальном музее изобразительных искусств. Его цель - обсуждение вопросов, связанных с сохранением горных ландшафтов и культурного наследия, укреплением гармоничных отношений между человеком и природой. В симпозиуме примут участие художники, политологи, экологи, социологи, философы из стран Центральной Азии, Турции, Франции, Германии. Свои доклады представят ученые из Швейцарии и Кыргызстана. Следующим этапом станет кочевой лагерь искусств, который пройдет на побережье Иссык-Куля в селе Тосор с 3 по 10 июля. Художники попытаются передать важность био-культурного наследия через современное искусство. Кроме этого планируется проведение акций, семинаров, мастер-классов известных зарубежных художников. Произведения в стиле land art, созданные участниками проекта, станут экспонатами художественного музея на открытом воздухе. Завершающим мероприятием проекта станет выставка современного искусства, на которой будут представлены произведения более 30 художников из разных стран. «Основной лейтмотив выставки – это процесс превращения культурного наследия, как источника вдохновения, в произведения современного искусства с помощью новых визуальных технологий – видео-, фотообъектов, инсталляций и акций», - отметили в оргкомитете. По итогам проекта состоится круглый стол, а также планируется выпуск каталога, который будет распространяться по всему миру. Ожидается, что следующим этапом Nomadic Art Camp станет передвижная выставка, которая пройдет осенью в Караколе, Нарыне, Джалал-Абаде, Оше, Баткене, Таласе, Токмоке и Кара-Балте. Проект реализуют центр современного искусства Б’Art при поддержке Фонда Кристенсена, Швейцарского бюро по сотрудничеству, Швейцарской ассоциации «Двигающаяся культура», отеля «Хаятт Ридженси Бишкек» и Кыргызского национального музея изобразительных искусств.

Июнь, 2012 г. №6

3

Ысык-Көлгө Алматыдан жарым эле саатта жетүүгө болгон жаңы учак ишке киргизилет Баракелде - Ысык-Көлдөгү Тамчы айылында жайгашкан эл аралык аэропорт 29-июнь саат 8:30да алгачкы жолу Алматы-Тамчы-Алматы маршруту менен жүргөн Як-42 учагын кабыл алат. Аталган учакка 102 адам батат. Ушундай типтеги учактарды кабыл алуу максатында «Манас» аэропорту учуу-конуу тилкесинин кошумча 500 метрин куруп, ишке киргизди. Эми тилкенин узундугу 2500 метрди түзөт жана инвестициялардын суммасы 6 млн доллар болду. Буга чейин Тамчы аэропорту Ан-24 сыяктуу кичи учактарды гана кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Жергиликтүү өнүктүрүү боюнча USAID программасы SCAT авиакомпаниясын, Компас жана Муза туристтик компаниялардын чоңурак учак киргизүү демилгесин колдоп, алардын Тамчы аэропорту менен болгон шериктеш мамилелерин түзүүгө кол кабыш кылды. Программа ошондой эле аталган рейстердин Алматыдан маркетингдик алдыга жылдыруусун каржылап турат. SCAT авиакомпаниясы август айынын аягына чейин жума жана дүйшөмбү күндөрү эртең менен учууларды жүргүзүп турат. Туристтерге ылайыктуу кылып, учуу мөөнөтү 35 мүнөткө чейин кыскартылды.

2012-жылга мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесин 90 621,3 млн сомго чогултуу болжолдонууда Баракелде Өкмөттүн 15-июндагы жыйынында «КРнын 2012-жылга респу бликалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маселе каралды. Каржы министри Акылбек Жапаров өкмөттүн 15-июндагы жыйынында билдиргендей, өзгөртүүлөргө ылайык, ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 1,8%га болжолдонуп, 2012-жылга аныкталган 7,5% өсүшкө каршы келүүдө. Министр билдиргендей, 2012-жылга мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесин 90 621,3 млн сомго чогултуу болжолдонууда. Бул аныкталган көрсөткүчтөн 365,2 млн сомго көп дегенди билдирет. Ал эми республикалык бюджеттин жалпы кирешеси ПГИ гранттарын эсепке алганда 80 945 млн сомду түзүп, 365,2 млн сомго өскөн. Мамлекеттик бюджеттин ресурстук бөлүгүн 809,5 млн сом менен бекитүү сунушталууда. А.Жапаровдун айтымында, мамлекеттик бюджеттин чыгымы 2012-жылга 109 118,6 млн сом (ИДПга 35,7%) деңгээлинде же аныкталган бюджеттен 2 446,6 млн сомго көп каралууда. Республикалык бюджеттин чыгымы 99 442,3 млн сом (ИДПга 32,6%) түзүп, аныкталган бюджеттен 2 446,6 млн сомго көп каралууда. «Муну менен бюджеттик каражат 92 622 млн сомду түзүп, аныкталган бюджеттен 1055,3 млн сомго өсүшү пландалууда, ал эми атайын каражаттар аныкталган бюджеттен 6 751 млн сомду түзүп, 1 322 млн сомго өсүш болууда», - деди министр. Ал кошумчалагандай, республикалык бюджеттин дефицити 2012-жылга 18 497,3 млн сомду түзүүдө же аныкталган көрсөткүчтөн 2 81,5 млн сомго көп болууда.


4

Июнь, 2012 г. №6

В посольстве

w w w.birge.ru

Айджигит БУРАНОВ:

«По прямой между Бишкеком и Баку» Среди стран, сотрудничество с которыми у Кыргызстана развивается сейчас особенно интенсивно, значится, и Азербайджан. На данный момент в этой республике (а также в Армении, Грузии и Финляндии) аккредитовано посольство Кыргызстана в России. О перспективах кыргызско– азербайджанских отношений “Вечернему Бишкеку” рассказал курирующий данную сферу советник–консул посольства, Чрезвычайный и Полномочный Посланник Айджигит БУРАНОВ. — Сегодня отношения между Бишкеком и Баку переживают настоящий ренессанс. Что, по– вашему, способствует тому? — Я бы ответил словами главы Азербайджана Ильхама Алиева, произнесенными во время недавнего официального визита в эту страну президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева. Алиев тогда подчеркнул: “Нам надо быть вместе. Наша сила — в единстве, тем более для этого есть исторические предпосылки, наши взаимные интересы и в политической, и в экономической сферах. Мы активно взаимодействуем в международных структурах, поддерживаем друг друга в Организации Объединенных Наций, Организации Исламского сотрудничества, ЭКО, СНГ”. Такую точку зрения полностью разделяет и наш президент Алмазбек Атамбаев. По его словам, нам необходимо развивать партнерские отношения и на двустороннем уровне, и в рамках авторитетных международных и региональных организаций, где обе страны выступают как равноправные партнеры и друзья, чьи позиции по актуальным международным вопросам близки или совпадают. — И все–таки, согласимся, до последнего времени кыргызско–азербайджанское сотрудничество не проявлялось столь активно, как в случае с некоторыми другими государствами СНГ. — Сегодняшний внешнеполитический курс Кыргызстана, характеризующийся открытостью и готовностью к равноправному диалогу, позволяет выстраивать конструктивные отношения и со всем мировым сообществом, и с отдельными его субъектами. Что касается конкретно Азербайджана, то взаимный интерес здесь присутствовал постоянно, подкреплялся обоюдными встречными шагами. Достаточно вспомнить состоявшийся в январе нынешнего года приезд в Бишкек делегации во главе с руководителем Государственной нефтяной компании Азербайджана (SOCAR) Ровнагом Абдуллаевым, когда была достигнута принципиальная договоренность о начале строительства в Кыргызстане нефтеперерабатывающего завода мощностью 2 миллиона тонн в год. Но по–настоящему знаковым, открывшим новые горизонты сотрудничества в

самых различных сферах стал упоминавшийся визит в Азербайджан нашего президента, который прошел 29–31 марта 2012 года. — Напомним читателям “Вечернего Бишкека” об основных моментах этого посещения. — В дружественной стране Алмазбек Атамбаев побывал по личному приглашению Ильхама Алиева. И обсудил перспективы сотрудничества не только с ним, но и с премьер–министром Артуром Раси–заде (который, кстати, участвовал в церемонии инаугурации президента Атамбаева), с председателем Милли Меджлиса Октаем Асадовым, выступил перед депутатами парламента Азербайджанской Республики. По мнению обеих сторон, переговоры на высшем уровне подтвердили твердое обоюдное стремление поддерживать на постоянной основе тесный и конструктивный политический диалог, развивать партнерские отношения на основе доверия и взаимной поддержки. Этому будет способствовать и деятельность Межгосударственного совета на уровне глав государств, договоренность о создании которого была достигнута в ходе визита. — А какие сферы представляются приоритетными для сотрудничества? — Во время визита в их числе были названы торгово–экономическая, транспортная, коммуникационная, туристическая, образовательная, культурная, природоохранная и другие. Президенты обеих республик выразили готовность поддерживать развитие сотрудничества в финансовой и банковской областях, создание совместных предприятий, наращивание связей между хозяйствующими субъектами и объединениями. Отметив, что “Азербайджан — надежный партнер, дружественная для Кыргызстана страна”, Ильхам Алиев сказал, что благодаря инвестициям можно еще больше укрепить существующие связи. Азербайджанская сторона готова рассмотреть наше предложение об учреждении в Кыргызстане совместного инвестиционного фонда. Не исключена возможность и приобретения одного из отечественных банков с целью его укрепления и развития. — Имеется в виду “Залкар Банк”? — Вопрос сейчас изучается, пока рано говорить о какой–то конкретике. — Достигнутые в Баку договоренности уже начали реализовываться? — В конце апреля в Бишкеке состоялось первое заседание межправительственной комиссии по торгово– экономическому, научно–техническому и гуманитарному сотрудничеству. По его результатам конкретизированы направления совместной работы, определены пути оптимизации и диверсификации структуры товарооборота, развития сотрудничества в инвестиционной сфере, налаживания прямых

связей между хозяйствующими субъектами и деловыми кругами обеих республик, расширения и углубления производственной кооперации, создания совместных предприятий в сфере перерабатывающей промышленности. — А что по поводу строительства в Кыргызстане нефтеперерабатывающего завода? — На межправкомисии решено продолжить работу по реализации этого проекта с участием Государственной нефтяной компании Азербайджана. Предстоит также провести совместные переговоры с казахстанскими партнерами для согласования вопроса о взаимопоставках сырой нефти в Кыргызстан с последующим взаиморасчетом между Азербайджаном и Казахстаном. Более того, обе наши стороны договорились рассмотреть возможность поставки в республику углеводородного сырья, нефтепромыслового оборудования, комплектующих и запасных частей для буровых агрегатов по добыче нефти и газа, осуществлять обмен опытом в области государственного регулирования нефтегазовой отрасли. — Включается ли в сотрудничество между нашими странами бизнес? — Этому поспособствует и прошедший в период заседания межправкомиссии кыргызско–азербайджанский бизнес–форум, на котором были презентованы перспективные для нашей республики инвестиционные проекты. Рассматривается возможность развития транспортной инфраструктуры, открытия прямого авиасообщения между обеими столицами, что, безусловно, поспособствует расширению и деловых связей между нашими государствами. Кыргызстаном предложено осуществить инвестиции в туротрасль и реконструкцию аэропорта “Тамчы” Иссык–Кульской области. Азербайджанская сторона направит в Кыргызстан соответствующих специалистов для изучения и обсуждения данных вопросов. — Качество партнерства зависит и от контактов в гуманитарной сфере… — Отношения в ней также отнесены к числу приоритетных. Важные заделы создают принятые протокольные решения по развитию сотрудничества в области науки, культуры, молодежной политики и спорта. В частности, нами поддержана инициатива азербайджанской стороны по созданию в Бишкеке парка имени общенационального лидера азербайджанского народа Гейдара Алиева, выражено намерение активно участвовать в этом. Как заявил президент Атамбаев, для нас представляет большой интерес работа Азербайджана с диаспорой. Об обмене опытом в этом направлении договорились министр иностранных дел Кыргызстана Руслан Казакбаев и председатель Государственного комитета по работе с диаспорой Азербайджана Назим Ибрагимов. Обе страны также готовы играть дей-

ственную роль в усилении взаимодействия между тюркоязычными государствами. Вот что говорит по данному поводу президент Ильхам Алиев: “У нас полное совпадение точек зрения, и нам очень приятно, что в лице президента Атамбаева тюркский мир получил очень активного проводника и сторонника единства наших народов и сближения независимых государств, которых объединяют общая история и общая культура. Мы договорились и дальше крепить единство тюркского мира, активно участвовать в интеграционных процессах, поддерживать все инициативы, направленные на сближение тюркских народов, населяющих нашу планету”. — На протяжении нескольких лет в Бишкеке функционирует посольство Азербайджана. К сожалению, Кыргызстан до сих пор не имеет своего диппредставительства в Азербайджане. — Вопрос открытия нашей дипмиссии в Баку уже стоит в повестке дня. Азербайджанской стороной обещано всемерное содействие в этом вопросе. В настоящее время руководство Кыргызстана рассматривает вопрос делегирования Временного Поверенного в делах Кыргызстана в Азербайджане. — Главы наших государств подписали ряд двусторонних документов, определяющих основные и перспективные направления сотрудничества как на двустороннем уровне, так и в многостороннем формате. Какова их судьба? — Кыргызстану теперь необходимо своевременно выполнить внутригосударственные процедуры, необходимые для вступления в силу этих документов. А нашим заинтересованным министерствам и ведомствам — четко исполнять поручения, данные в этой связи президентом, готовить новые предложения. Тем временем отношения продолжают укрепляться по различным направлениям. Подтверждение тому — состоявшийся недавно визит в Бишкек спикера Милли Меджлиса Азербайджана Октая Асадова. Встречаясь с ним, президент Алмазбек Атамбаев заявил: “Я уверен, что все наши намерения перейдут в практическое измерение. Впереди у нас много совместных проектов”. Некоторые из таких проектов, не исключено, вступят в практическую фазу уже к следующему заседанию межправкомиссии, которое планируется провести в 2013 году в Баку. И, конечно же, новые импульсы сотрудничеству придадут встречи на высшем уровне. Президент Кыргызстана пригласил своего азербайджанского коллегу посетить республику с ответным официальным визитом, и приглашение было принято. Визит, возможно, будет совмещен с участием главы Азербайджана в саммите Совета сотрудничества тюркоязычных государств, планируемом на нынешнее лето в Бишкек. Е. Денисенко “Вечерний Бишкек”


w w w.birge.ru

Наши партнеры

Кирилл Бычков Главный маркетолог Дирекции розничного бизнеса КБ «БТФ» ООО тел.: +7 (495) 748-35-50 доб. 113 Добрый день, уважаемый Читатель! В продолжение цикла статей о финансовых услугах, предоставляемых банками и другими финансовыми организациями, хочу рассказать Вам об услуге, позволяющей накопить и преумножить денежные средства. Одной из самых популярных во всем мире услуг для сбережения и преумножения денежных средств физическими лицами, на мой взгляд, является банковский вклад (или депозит). В настоящее время существует большое количество различных вкладов, давайте попробуем в них разобраться.

Виды банковских вкладов: - Вклад до востребования. Это вклад без указания срока размещения и выдается по первому требованию вкладчика. - Срочный вклад. Это вклад, размещенный на определенный срок. Как правило, проценты, начисляемые по вкладу до востребования существенно меньше процентов, начисляемых по срочным вкладам.

Июнь, 2012 г. №6

5

Сохранить и Преумножить

Например, если Вы хотите вложить 100 000 рублей, то в течение года на указанную сумму будут начислены проценты по вкладу до востребования – примерно 100 рублей, по срочному вкладу можно получить дополнительный доход за год свыше 10 000 рублей!

Так же, вклады бывают: - С капитализацией. Капитализация – это причисление процентов к сумме вклада, что позволяет в дальнейшем начислять проценты не только на средства внесенные вкладчиком, но и на начисленные проценты. Это очень выгодно! - С возможностью досрочного снятия. Некоторые вклады подразумевают частичное досрочное снятие средств с депозита. Например, если Вам понадобились деньги, Вы может воспользоваться частью размещенных во вклад средств, в некоторых случаях, процентная ставка по вкладу не будет изменена. - С единоразовым начислением процентов (в начале размещения вклада или в конце), с ежемесячным или ежеквартальным начислением процентов. Начисленные

проценты могут перечисляться на Ваш личный счет в банке или на пластиковую карту, в этом случае, Вы сразу же сможете воспользоваться начисленными процентами. - С возможностью пополнения. Такие вклады можно пополнять в течение срока действия договора вклада. Это очень удобно для накопления определенной суммы, например, к праздникам или к какой-либо покупке. - Мультивалютные. Такие вклады можно открывать в различных валютах и в течение действия договора полностью или частично переводить свои сбережения, размещенные во вкладе, в другие валюты, в зависимости от их курса.

Обратите внимание на вклады КБ «БТФ» ООО. В нашем банке представлена широкая линейка вкладов, рассчитанная практически на любого Клиеннта. Приходите к нам в отделения, наши сотрудники помогут Вам подобрать вклад. Отделения КБ «БТФ» ООО, где Вы можете открыть вклад:

- «Академический» м. Академическая, пр-т 60-летия Октября, д. 16, корп. 1 тел.: (495) 779-76-33

На что следует обратить - «Багратионовский» м. внимание: Багратионовская, ул. Барклая, д. 8, ТЦ «Горбушка», 4 1. Размещать вклады следует только в банках, чьи вклады этаж, пав. №№ 473,474 тел.: (495) 971-68-11 застрахованы. Узнать застрахованы ли вклады можно очень просто, в отделениях таких банков обязательно есть вот такая наклейка:

Наличие такой наклейки гарантирует, что если с банком что-то произойдет, ваши средства в размере не более 700 000 рублей будут возвращены Вам Агентством по страхованию вкладов. Кстати, финансовые организации, не включенные в реестр Агентства по страхованию вкладов, не имеют права по закону принимать у населения денежные средства во вклады. 2. Читайте внимательно условия размещения вклада, а так же договор. Необходимо внимательно изучить все, что написано мелким шрифтом! 3. Запомните, чем больше размещенная во вклад сумма и больше период размещения, тем больше будет процентная ставка по вкладу и тем больше Вы сможете дополнительно заработать!

- «Дубровка» м. Дубровка, ул. Шарикоподшипниковая, д. 15, стр.1 тел.: (495) 787-33-10 - «Кировоградский» м. Улица Академика Янгеля, ул. Кировоградская, д. 42, стр.1а тел.: (495) 386-49-72 - «Коньково» м. Коньково, ул. Островитянова, вл. 29 (в павильоне «Шины, диски, велосипеды») тел.: (495) 727-06-53 - «Печатники» м. Печатники, ул. Шоссейная, д, 1/2, стр. 4, ТЦ «Сирень», 1 этаж тел.: (495) 353-15-39 - «Проспект Мира» м. ВДНХ, ул. Проспект Мира, д. 146 тел.: (495) 686-09-38 - «Центральный» м. Калужская, ул. Профсоюзная, д. 84/32, стр. 14 подъезд №6 тел.: (495) 748-35-50, доб. 180, 322, 323


6

Июнь, 2012 г. №6

w w w.birge.ru

Биздин сыймыктуу жаштар Кадыров Нургазы:

«Кыргызстаныма барып кичине болсо да салымымды кошом» - Саламатсызбы Нургазы! Окууларыңыз, иштериңиз кандай? - Саламатсыздарбы! Рахмат, окууларым жакшы азыр экзамендер башталып, экзамен тапшырып нары-бери чуркап жүргөн абалым. Шүгүр ишим да жакшы акырын болуп атат. - Бул жакта кимдер менен турасыз? - Үй-бүлөм менен турам. Баарыбыз ушул жакта, инилерим да ушул жерде окушат. - Канча бир туугансыз жана алар жөнүндө айта кетсеңиз?

Кадыров Нургазы Ибрахимович

Атасы: Кадыров Ибрагим Эшбаевич, фармацевт Апасы: Кадырова Мария Туйгуновна, үй кожойкеси 1987- жылы 10 – июнда Кадамжайда төрөлгөн 1994-жылы Кадамжайдагы №17, 40-жылдык орто мектебине биринчи класска барган 1994 – 2004-жылдары 10-классты аяктаган 2004 – 2005 - жылдары 11-классты Кадамжайдагы Кыргыз Лицейин аяктаган. 2005-жылы Москва шаарына келген 2006 -2009-жылдары 10-Фармацевтика коледжин аяктайт 2009-жылы ( РУДНге) медициналык факультетине тапшырат учурда 3-курста окуйт. 2010- жылдан баштап микробиологияны үйрөнүп келе жатат.

- Ой биз көп бир тууганбыз деп койбойунбу. Биз 6 бир тууганбыз, 3 кыз 3 бала, Кичинекей иним да мен окуган университетте окуйт. - Эмне үчүн бул кесипти тандадыңыз? - Биринчиден атам да фармацевт болгондуктан, анан өзүм да аябай кызыгам. Медик болгон мага аябай жагат. - Окуудан тышкары эмне менен алектенесиз? - Окуудан тышкары фармацевтикалык компанияда «Желаем здоровья» аптекасында фармацевт болуп иштейм. - Окууну аяктагандан кийинки пландарыңыз? - Буюрса өз кесибим боюнча иштейм эми. Албетте, өзүмдүн Кыргызстаныма барып, кичине болсо да өз салымымды кошконго аракет кылып иштейм деп жүрөм.

- Москвага келгениңизге эмне түрткү болду? - Мен да башка жаштарга окшоп, иштегени, окууга тапшырганы келгем. Баары өз оюмдагыдай болуп атат, Аллага шүгүр. - Хоббиңиз. Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз? - Хоббим акча табуу (күлүп), азырынча бош убактым да жок, бош болуп калсам эле микробиология менен алектенем, изилдеп, окуп үйрөнүп дегендей... - Нургазы 10 жылдан кийин? - Буюрса, балдарымдын жакшы атасы. Жубайымдын сүйүктүү жолдошу. - Кыргызстандын келечегине кандай карайсыз? - Кыргызстан жаш мамлекет болгондуктан - келечеги кенен! Буюрса баары алдыда! Маектешкен: Айсалкын Эргешбай кызы

Б и з д ин к е л е ч е г иби з Аты-жөнү: Нукеева Алина Аалыевна Туулган айы, жылы:27.06. 2000. Туулган жери: Ош Бою: 168 см Салмагы: 52кг. Чачынын узундугу: 85см. Окуган жери: ГБОУ СОШ 160 Максаты: Менин максатым, дүйнөдөгү белгилүү университетердин биринде окуп билим алуу. Кумири: Менин кумирим эжем. Жакшы көргөн тамактары: Шириндиктер. Кыздарга каалаганы: Окуу, окуу жана окуу.

Аты-жөнү: Алымкулова Муратбековна

Диана

Туулган айы, жылы: 29. 12. 1996. Туулган жери: Бишкек шаары Бою: 165 см Салмагы: 47кг Чачынын узундугу: 87см Окуган жери: ГБОУ СОШ 1974 Максаты: Менин максатым келечекте Кыргызстанга көп пайда алып келгим келет. Кумири: Менин апам кумирим Жакшы көргөн тамактары: Манты, куурдак, лагман. Кыздарга каалаганы: Бактылуу болушун каалайм.

Аты-жөнү: Ибрахымова Бермет Ибрахымовна Туулган айы, жылы: 04.04.1996 Туулган жери: Кадамжай шаарчасы Бою: 163 см Салмагы: 46кг Чачынын узундугу: 90 см Окуган жери: ГБОУ СОШ 1974 Максаты: Чон окуу жайларга тапшырып, бактылуу кыздардан

болгум келет Кумири: Өзү Жакшы көргөн тамактары: Баарын жактырат Кыздарга каалаганы: Аман-эсен, бактылуу болушсун.


w w w.birge.ru

Июнь, 2012 г. №6

Бизде конокто

7

Жигиттер командасы бекер күлкү тартуулашты - Өзүңүздүн жакшы жана жаман сапаттарыңызды санап өтсөңүз? - Албетте, ар бир адамдын жаман адаттары бар да менде да бар. Аны мойнума алам. Жакшы сапаттарым, ичпейм, чекпейм. Жаман сапатым, аябай ишенчекмин, эч кимге жок деп айта албайм, аябай эле боорукермин, коп ойлоном. - Командаңыздын аты эмне үчүн ЖИГИТТЕР? - Мен чыныгы жигиттерди көрсөтөм деп, намыскөй, жетимиш өнөр аздык кылган, ушундай жигиттерди топтоп алгам.

Исмаилов Азамат «ТАМАШОУ» курама командасынын капитаны жана «ЖИГИТТЕР» командасын капитаны. Толук аты-жөнү: – Исмаилов Азамат Искендерович Туулган жери: – Нарын Туулган күнү: –1987- жылдан бир жыл өткөндөн кийин 12-апрелге бир күн жетпей төрөлгөн Бою: – 2 метрге 45 см жетпейт Салмагы: – 1 мүшөк ун, 8 кг. картошка Жынысы: –Накта, нукура эркек. Лакап аты: – Шоколад Өзүнө жаккан сапаты: – Аябай ишенчек, жумшак Сүйлөшкөн кызы: –Кыздар сүйгөн кызым жок (ыйлап жиберди) Жактырган тамагы: – 4 бармак 5 бармактай эле бирок порциясы кичинерек Дежур сөзү: – Кыргыз элим алга Кумири: –Манас Максаты: – Аябай көп түгөнбөс, айта берсем бир ай гезитке чыгышым керек Ат тезегин кургатпай барган жери: – Мечит Эмнеден уялбайт: –Уялгандан уялбайт Кол тамгасын ала албай жүргөн кумири: – Джеки Чан Беш жылдан кийин: - Бою узун, апапакай, бакыран көз, жигиттерге окшопогон, кара тору кичинекей красавчик. - Саламатсызбы Азамат, кош келипсиз Москвага. Саламатыздарбы рахмат, келип калдык. – Азамат, үй-бүлөңүз тууралуу айтып өтпөйсүзбү? - Мен өзү үч бир тууганмын, эң улуу 1983 -жылкы байкем бар. Врач стоматолог, 1986-жылкы эжем бар, анан мен 1988-жылкы үйдүн эң кенжесимин. Үйдө атам менен апам экөө тең врач. Өзүм болсо Шоумен, сүрөтчү. Бир туугандарыңыздын кенжеси болсоңуз, ата-энеңиздин эркеси турбайсызбы? - Кенжесимин бирок, эркеси эмесин. Көп деле эркелебейм. Билбейм.

- Сахна менен анын артындагы жашоо такыр башка да. Сахна артындагы Азамат байке менен таанышып албайлыбы? - Сахнада аябай шайыр, «зажигательный». Жашоодо мындай «серьезный» эле, туура жүргөн, «скромный». - Кандай кызыктар башыңыздан өттү сахнада жүрүп? - Аябай көп кызыктар өткөн баштан, мен үчүн ар бир жолу сахнага чыккан өзү кызык. - Кыздар чалып тийишкен учурларда кутулуу жолуңуз кандай? - Алооо! алоооооооуу! Укпай жатам чык.. пшык... чыкк... тук. - Ар кандай сюрприздерди уюштурган романтик балдардын катарындасызбы? - Ооба, өтө романтикмин. Менден өткөн романтик жок. - Жакшы тамаша жаратуу үчүн кандай рецепттерди колдоносуңар? - Баарын жашоодон эле алабыз, жашоодо болгон окуяларды, көчөдөгү көрүнүштөрдү. -Эгер сиз кыз болуп жаралып калганынызда?... - Аны ващее-е элесте албайм да ( күлүп) - Чемпион болуу үчүн эмнеге даярсыз? - Чемпион болуу үчүн эмгектенгенге даярмын - Куудулдардын кимисин сатиранын “атасы” деп атайсыз? - Күмөндөр Абыловду. Маегинизге чон рахмат! Дайыма ушундай позитивде журо бериниз!

Азаматтан тамаша : Бир күнү кичинекей бала, үйдөн акырын сыртка тамеки чеккени чыгып, жыгылып бутун сындырып алыптыр да, көрдүңөрбү тамеки чегүү ден соолукка зыян. Мактаган кыз, тойдун алдында ичине катуу суук тийгизип алыптыр да.

Турдыев Азамат Хамиджанович «Жигиттер» командасында ойнойт Толук аты-жөнү: –Турдыев Азамат Хамиджанович Туулган жери: –Баткен облусу, Сүлүктү шаары Бою: –Вандамм менен тең Салмагы: –Сүйгөн кызы көтөрө алат

Жынысы: –Бар бирок көргөзбөйт, Өзү карагандан уялат Лакап аты: –Туке Өзүнө жаккан сапаты: – Айткан сөзүнө турат кээде жатып алат Сүйлөшкөн кызы: –Чолпон Джоли Дежур сөзү: –Аа-а болбойт элеби? Кумири: –Өзүм Максаты: –Максат менен урушуп азыр Залкар менен дос Эмнеден уялбайт: –Уктагандан Кол тамгасын ала албай жүргөн кумири: –Өзүмдөн алалбай жүрөм Беш жылдан кийин: - Ошону да билбейсиңерби, 5 жылдан кийин 6 жыл да. Даярдаган: Айсалкын Эргешбай кызы

А з а м ат 2 д е н та м а ш а - Сүйгөн кызынын артынан чуркап жүргөн жигит азыр дүйнөдө чуркоо боюнча ЧЕМПИОН. Саламаттыкты сактоо Министрлиги эскертет, КЫЗДАРДЫН КЫСКА ЮБКА КИЙГЕНИ МЫРЗАЛАРДЫН ДЕНСООЛУГУНА ЗЫЯН!!!

«Жигиттер» бекер күлкү тартуулашты «Жигиттер» командасынын капитаны Азамат Исмаилов жана Азамат Турдиев Москвадагы мекендештерге 13-июнь күнү Кыргызстан павильонунда бекер күлкү тартуулашты. Эки саат бою тамашалуу оюндар коштогон күлкүлүү сатиралары менен мекендештердин жарпын жазып, белектерди тартуулап, өздөрүнүн күлкү дисктерин да бекер беришти. «Жигиттерге» ыраазы болушкан мекендештер аларга чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.


8

Июнь, 2012 г. №6

Жер тааны

Египетке саякат Египет эң байыркы мамлекеттердин бири. Арабча аты Миср. Борбор шаары: Каир Калкынын саны: 80 миллион Чек арасы: Батыш жагынан Ливия, түштүк жагынан Судан менен чектешет. Ошондой эле түндүк жагын Жер Ортолук деңизи чыгыш жагынан Кызыл деңиз менен чектелип турат. Ал эми деңизден Сауд Аравия жана Иордания менен чектешет. Суэц каналынын узундугу: 163 км. тереңдиги 20 метр. Экономикасы: Туризм тармагы, дыйканчылык пахта, жеңил өндүрүш жана Суэц каналындагы жүк ташуучулорго салынган пошлина. Экспортко нефть продуктылары, пахта, текстиль чыгарат. Абасы: Тропикалык, эң жогорку температурасы 50 градуска жетет. Чоң шаарлары: Каир, Александрия, Гиза, Шубра-Эль-Хейма, Порт-Саид, Суэц Нил дарыясы: Узундугу 6671 км. Жашоочулары: 98 пайызы Арабтар, калгандары бедуиндер, нубиялыктар ж.б. Шарм-эль шейх: Эң жаш шаарларынын бири. курулганына 30 жылдай болгон. Негизинен туристтерге абдан ыңгайлаштырылган шаар. Александрия: Биздин заманга чейинки 332жылы Александр Македонский тарабынан курулган. Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги узундугу 32 км. болгон чоң порт шаарлардын бири. Жер Ортолук Деңизи: Аянты: 2500 миң км.2, көлөмү: 3839 миң км2, тереңдиги 5121 метр. Кызыл Деңиз: Аянты: 450 км2, көлөмү: 251 км3 тереңдиги 3040 метрге жетет.

Жай айы, эс алуу үчүн жакшы мезгилдерден эмеспи. Биз да жайкы күндү деңизде өткөрүүнү чечтик. 13-июндан 21-июнга чейин туристтик виза ачып, 13 кыргыз Мисрге барып келдик. Египетке болгон жети күндүк саякатыбыз аябагандай кызыктуу болду. Египет байыркы менен азыркы замандын ортосундагы көпүрө десе да болот. Бүтүндөй адамзатынын тарыхын бул өлкөдөн табууга болот. Саякатчылар: Мамлакат, Махабат, Сагынбай, Алтынбек, Бурул, Мадина, Зейнеп, Талгат, Максат, Зарина, Айсалкын, Мээргуль, Картай болушту. Шереметьево аэропортунан кечки саат 5 тен 45 мүнөт өткөндө биз олтурган БОИНГ самолету жерден көтөрүлдү. 5 саат аба мейкиндигинде жүрүп олтуруп, Шарм-эль Шейх шаарына Египеттин убактысы боюнча кечки саат 9 жарымда туристтердин катарында «Шармин Амарейн» мейманканасына барып жайгаштык.

13-июнь. Шарм Эль Шейх. Меркато

«Шармин Амарейн» отелине барып жайгашкан соң, кечки тамактан кийин, Шарм-эль шейх шаарын айландыык. Такси менен 5 минуталык жол. Жогоруда жазгандай, аталган шаар эң жаш шаарлардын бири. Атайын туристтерге ылайыкташтырып салынган шаар. Жергиликтүү жашоочуларды бул жерден көрө албадык. Шарм-эль шейхтин так ортосундагы көчөлөрүнүн биринде накта мөмө-жемиштердин ширесин ичип, кечки салкын абада эс алып олтурдук. Негизи Египетте жашоо кечинде башталат экен. Анткени, күндүз күнү 50 градустун тегерегиндеги абада эч ким жүрө албайт. Ошондуктан жашоо кечкисин башталат десек жаңылышпайбыз экен. Биз шире ичип олтурган ачык кафелер жайгашкан көчө «Меркато» деп аталат экен. Так эле Москвадагы «Арбат» көчөсүнө окшошуп кетет. Ал эми биз ичкен мөмө жемиштерден манго, гавафа, каркаденин накта ширелери 1 стаканы 1 доллардын тегерегинде турат. 1 доллар египет фунтуна 6 фунтту түзөт. Ал эми арабтар «жунай» деп коюшат экен.

14-июнь. Кызыл Деңиз. Дайвинг

Шарм-Эль Шейх Кызыл Деңиздин жээгинде жайгашкан. Эрте мененки тамактан кийин 8,30да чогулуп Кызыл Деңизге жөнөдүк. Деңизге чейинки транспорт менен баргандагы аралык 5-10 минуталык эле. Жээкке жакын жерде сууга түшүүгө керек болгон ооз менен дем алганга ылайыктуу түтүкчөсү бар маска жана жилет, баллончиктерди купальниктерди сатып алуучу дүкөндөрдү жолуктурууга болот. Жээкте бир канча убакыт яхтаны күтүп олтуруп калдык. Анткени, ар бир турист яхтага түшөөр алдында тиешелүү жерден паспорту менен катталып анан түшөт. Бул албетте, коопсуздук жана тактоо иретинде. Ошентип эрте мененки саат 10 жарымдарда биздин «Аль-Мухтар-1» деп аталган яхтабыз да жээкке келип туруп калды. Египетке бол-

гон саякатыбыздын биринчи күнү ушинтип, яхта, Кызыл деңизден башталды. Яхтада кызматкерлер жана туристтер жалпысынан 30 дун тегерегиндеги адам деңизде жүрүп баштадык. Инструкторлор туристтердин билген тилине карата яхтада жана деңизде кандай жүрүү керек эрежелерин айтып түшүндүрүштү. Бизге албетте орус тилинде араб улутундагы жигит түшүндүрүп бул күндөгү биздин саякатыбыздын графиги тууралуу айтып өттү. Яхтабыз 2 кабаттуу экинчи кабаты эс алып жатканга да ылайыкташтырылган биринчи кабатында сууга түшүүгө керектүү буюмдар коюлуп ошондой эле санузел жана ички бөлмөсү ашкана. Күндүз күнү күн аябай ысык болгону менен деңизде жүргөнүбүз үчүн бул күнү анча байкалган жок. Анткени, деңиздин салкын жүрүп турган сыдырым жели, жакшы эс алганга шарт түздү. Бизди кубандырган дагы бир нерсе делфиндер көрүнгөнү болду. Анткени яхта кызматкерлеринин айтуусуна караганда бардык эле туристтер көрө алышпай калат. Кээ бир гана учурда ушундай көрүнүп калат дейт. Инструктордун жардамы менен сууда сүзө албаган туристтер деңизге түшүп, Кызыл Деңиздин астындагы кызыл китепке кирген корал таштарын, балыктардын түрлөрүн көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми, суунун астында сүзө алгандар кычкылтек толтурулган баллондун жардамы менен деңиздин терең эмес жерине токтолуп көрө алышты. Ошентип бул күн дайвинг күнү болду.

15-июнь. Каирге сапар. Мечиттерге зыярат. Каир мунарасы. Нил дарыясындагы той

Деңизден жагымдуу маанайда келип, кайра түнкү саат 1де Каирге жол тарттык. Каир Египеттин борбору (Аль-Кахира - жеңүүчү дегенди билдирет). Египеттиктер Маср деп коюшат. Каир менен Шарм-эль шейхтин аралыгындагы убакыт салыштырып айтканда Бишкек-Ош жолуна кеткендей убакыттай эле. Жолдо токтосоңуз көп убакытты ээлейт, токтобой Каирге кирип барсаңыз 10-12 саатка жетпей кирип барасыз. Туристтерди Каирге кирүү үчүн уруксат алуу үчүн белгилүү департаментке кайрыла өтүп, ал жерден ар бир туристтин паспорту катталып, шаардан чыгып жаткан учурда туристтер жүргөн автобустар үчүн аскерлери менен жүргөн фургон коштоп Каирдин чек арасына келгенче жүрүштү. Бул албетте, туристтердин коопсуздугу үчүн. Техника деген техника эмеспи, ал өзүнүкүн алат, Суец каналынан туннель аркылуу өткөндө солярка күтүп бир канча убакыт дагы күтүп туруп калдык. Суец каналы Кызыл деңиз менен Жер Ортолук Деңизди бириктирип турган канал. Тарыхта б.з.ч. 500-жылдары Дарий1дин заманында курулган деп жазылат. Узундугу 163 км. тереңдиги 20 метр. Египеттин бюджетинин негизин түзөт. Мисалы, 2011-жылда 5,22 млрд. долларды түзгөн. Ошентип Каирге түшкү саат 1 жарымда аскер шаарчасындагы бир көп кабаттуу үйлөрдүн бирине келип түштүк. Жолдо 12 сааттан ашык жүрүп чарчаганыбызга карабай квартирага кирип кий-

w w w.birge.ru

Мадина Жапарова

имдерди которуп чыктык. Каирге болгон эң биринчи саякатыбызды мечиттерге зыярат кылуудан баштоону чечип, жоолуктарыбызды салынып алып түштөнүп алып жөнөдүк. Шарм-эль шейхке караганда Каир аябагандай чоң шаар, Египеттин борбору, мусулмандар жашаган шаар болгону менен, көчөлөрү тазаланбаган шаар болуп чыкты. Бизге ал маанилүү деле болгон жок. Анткени биздин максат, көздөгөнүбүз бөлөк болчу. Ошентип Египеттин тарыхий жайларын көрүүгө кириштик. Каирдин ортосунда жайгашкан тарыхий комплекстеринин бири болгон Мухамед Али тарыхий мечитине киргенге жетишип калдык. Таң калбаңыз адаттагыдай эле музейлер кечки саат 4-5 ке чейин эле иштейт экен. Аскер жана полиция музейине билет алганыбыз менен киргенге жетишпей калдык. Аталган тарыхий комплекс шаардын эң бийик жеринде жайгашкандыктан Каирдин жалпы көрүнүшүн көрүп кайттык. Андан ары баратып «өлүк шаарчаны» бойлоп өттүк. Эмне деген өлүк шаар деп атасызбы? Каирде жер маселеси бар экен. Сизде дагы суроо пайда болот да 96 пайызы чалкып жаткан чөл болсо кантип дейсизби? Деген менен адам баласына суу аябай керек да. Ал эми чөлгө өлгөн адамдын сөөгүн жеткирүү өзү тозок менен барабар болуп калаар. Жанагы айткан «өлүк шаарча» деген жайда үстүндө 5 млн. адам жашайт. Ал эми асты мүрзө адам өлгөндө ошол жерге алып барып көмүшөт да ал сөөк чирип жок болгондон кийин, сүрүп таштап ордуна башкасын көмүшөт. Мына ушундай жер мисрликтер үчүн маселе экен. Андан ары жолубуз уланып дагы эки тарыхий аябагандай зор мечиттерди зыярат кылууга жетиштик. Күндүн батышын Каир мунарасынан көрүүгө насип этиптир, Каир мунарасынын узундугу 108 метр, 65 кабат. Лифт аркылуу көтөрүлүп бийик жеринен Каирдин бүт көрүнүшүн көрүүгө шарттап коюшуптур. Дагы бир жолу Каирдин панорамалык көрүнүшүн күбө болдук. Аталган мунара Нил дарыясына жакын жерге курулган. Нилдин суусун ичкен Египетке кайра келет деген ырым сөз бар экен. Биздин топтон кимиси ичип, ичпегени белгисиз го, бирок, Нилдин жээгине турган кемелердин бирөөсүнө келип түшө алдык. Нил дарыясы Каирдин ортосунан агып өтөт экен. Кечки сейилибиз мына ушул Нил дарыясында коноктор үчүн кызмат кылган кемеде уланды. Кечки Каирди, дүйнөлүк белгилүү соода маркалары жазылган имараттарды так ушул Нилде сүзүп жүргөн жүрүп көрдүк. Андан да кызыктуусу биз түшкөн кеме 3 кабаттуу болчу. Биз биринчи кабатында элүүдөй адам жайгаштык. Экинчи кабаты да биздикине окшош. Биздин кабатта кытай, япондор, англичан, француздар, италянецтер да олтурушту. Узунунан столду жасап койгонун көрүп банкет бар экен деп ойлогонбуз, ойдогудай эле эки жаштын тою бул жерде уланды. Бири-бирине таттуу болуп жүрсүн деген тилек менен официант эки жаштын тортун кесип эң биринчи экөөнө даам тарттырды. Эки жаштын урматы-

(Уландысы 9-бетте)


w w w.birge.ru

Саякат

Египетке саякат (Башы 8-бетте) на жана кемедеги жалпы конокторго арналган чакан шоу концерт уюштурулуп, биздин топтогу эжелер да коштоп, кеме жүргүнчүлөрүнүн маанайын көтөрдү. Каирде жеңил унаалар жүрчү эң узун көпүрө «6-октябрь» атындагы көчөсү шаардын үстүнөн жүрүп, жолго кеткен убакытты бир кыйла кыскартат. Деген менен конгон жайыбызга келгенче түнкү саат 1 жарым болуп калды.

16-июнь. Александрия. Кайт-Бей. Байыркы китепкана. Жер Ортолук Деңизи

Эрте мененки саат 7 жарымга бизди ташып жүргөн Салама аттуу араб улутундагы орто жаштагы айдоочубуз адатынча микроавтобусу менен келип күтүп калды. Каирден Александрияга чейинки жол 3-4 саат. Бул шаар Александр Македонскийдин мекени. Александрияны арабтар Искендерия деп коюшат экен. Ал жакка жол тарттык. Шарм-эль шейхтен Каирге чейинки жол негизинен чалкып жаткан чөл менен Кызыл Деңизи болсо, Каирден Александрияга чейинки жол бир кыйла кызыктуу. Эмнеси менен дейсизби? Четтен баштайлы. Египеттин эли дыйканчылык, чарбачылык, мал багуу, балыкчылык менен алектенишип жашашат. Жол боюн карап баратып эч кандай чөлгө окшоштура албайсыз. Анткени, курма дарактары, пальмалар, жүзүм бактары, бак-дарактын башка түрлөрүн, жер жемиштин түрүн, гүрүч-шалы талааларын көрүп чөл экенине ишенбей кетесиз. Курма дарагынын элүү миң түрү өсөт экен. Египеттиктер бир жылда 3 жолу түшүм алышат экен. Биз менен кээ-кээде жарышып картошка, помидор, болгар калемпири, дарбыздарды жүктөп алган Портерлер өтүп калат. Андан ары мал айдаган адамдарды, дагы жүрүп олтуруп, балык уулап олтурушкан египеттиктерди көрдүк. Жол боюна курулган кант заводун көрбөй өтүүгө болбойт. Египетти чөл болсо да бекеринен кудайдын назары түшкөн жер деп айтышпаганына ынанып Александрияга кантип үч жарым сааттын өткөнүн байкабай кирип бардык. Александрия Каирге караганда бир аз салкын. Каирда абанын температурасы 50нүн тегерегинде болсо бул жакта 40 градуска жетпеген салкын деңиздин шамалы жүрүп турат. Александрия шаары Жер Ортолук Деңизге бойлой жайгашкан. Жээкте, 15-кылымда Кайт-Бей деген

султан курган крепостко кирдик. Александрия шаарында да дүйнөгө белгилүү, 1307-жылы курулган АльМурси Абуль-Аббас мечитине кирип тилегибизди айтып андан ары шаар айланып жөнөдүк. Дүйнөнү багындырган Андан ары Александрия китепканасына жөнөдүк. Бул китепкана Египеттин па-

дышасы Птоломей 2нин убагында, б.з.ч. 3-кылымдын башында курулган уникалдуу байыркы китепкана. тарыхтагы байыркы белгилүү Евклид, Сократ сыяктуу окумуштууларынын окуусу жана жазган эмгектери ушул китепканада сакталган. Жалпы эле, адамзаттын тарыхындагы жазуу тарыхына тиешеси бар жана да учурдагы китептердин түрлөрүн тарыхты мына ушул музей китепканадан көрсөңүз болот экен. Бирок эч убакта фараондун мумиялары турган кабинетке фотоаппарат, видеокамера менен кире албайсыз. Жөн гана өзүңүз кирип, накта байыркы египеттик, римдик, грециялык мумиялардын калыптарын (гробторун) көрүп чыксаңыз болот. Ар доордун өзүнүн тарыхий деталдарын мына ушул китепканадан көрүүгө болот. Андан ары Жер ортолук Деңизди бойлой жайгашкан шаардын панорамалык көрүнүшүн көрүү үчүн дүйнөлүк «Шератон» 5 жылдыздуу мейманканасынын 16 кабатына чыгып көрө алдык. Ал мейманканага кантип неге чыгып калганыбыз сыр бойдон эле калуусун чечтик. Деңиздин жээгине түшкөн резиденция чоң сейил эс алуу багынын ортосунда жайгашкан. Деңиз бойлой курулган шаар, деңизде эле жашоочудай сезилет. Анткени, деңиздин жээги пляж. Александриялыктар жээкте, пляжда эле жашоочудай сезилет. Кызыл-ала болгон пляж чатырлары өзүнчө көрк берет. Кеч кирип баратканына карабай деңизге түшкөнгө

убакыт таптык, чөмүлдүк. Жээкке жакын курулган Александр Македонскийдин урматына ачылган «ATHINEOS» ресторанынан кечки тамактануу менен Александрияга болгон сапарыбыз бүтүп Каирге жөнөдүк. Кайра эле саат түнкү 1 жарымда квартирага келдик.

17-июнь. Гиза Пирамидалары. Чоң Сфинкс. Африка өлкөлөрүндөгү биринчи түшкөн мечит. Каирдеги кыргыз студенттер менен жолугушуу

Гиза Каирдин күн батыш жагында жайгашкан шаар. Биз конгон квартирадан Пирамидаларга чейин 45 минуталык жол. Саат 11лер чамасында Пирамидалар тарапка жол тарттык. Бул күндөрү Египеттин калкы жаңы бийлик башчы шайлап жаткан күндөрдөн эле. Көчөлөр тынч дем алыш күндөр. Каир менен Москва окшошуп кетет. ВАЗ автомобилдери Москвада ар кандай түстө болсо аларда сары-кара түстө. Бир кездерде Россия Египетке ВАЗ автомобилин куруу үчүн заводун ачкан экен. Гизага кетип баратканда жаңы курулуп жаткан шаардын районун бойлоп өттүк. Шоферубуз Саламанын айтуусуна караганда мурдагы президент Хосни Мубарактын көзгө көрүнөрлүк иши ушул болду дейт. Андан сырткары мрамор, гранит таштарына плиталарды жасашып

экспортко да чыгарышат экен. Пирамидаларга жакын калганда Улуттук музейди көчүрүү үчүн курулуш иштери жүрүп жатыптыр. Ошентип, тарых сабагынан мектеп жашыбызда гана окуган Пирамидаларга да жетип келдик. Күн ысык. Туристтер пирамидаларды көрүү үчүн билет алып анан киришет. Билеттин баасы 60 египет фунту. Пирамидалардын сырларын азыркыга чейин ачып бүтүшө элек. Дүйнөдөгү жети кереметтин бири ушул. 3 чоң калгандары кичине пирамидалар. Үчөөнүн аттары Хеопс, Хефрена, Микерина. Алардын курулган эң кичинекей ташынын салмагы 2 тонна чоңдору 5 тонна. Ар бир пирамида бир фараонго тиешелүү. Фараондор өлгөндө пирамидаларга коюлган. Биз үч чоң пирамиданын шаар жактан келатканда эсептегенде биринчисине кирдик. Ал Хеопс. Пирамидалардын тегерегинде төөлөрү менен бедуиндер жүрүшөт. Хеопс пирамидасынын ичине билеттерди көрсөтүп, кире баштадык, өкүнүчтүүсү фотоаппарат, видеокамераларды киргизбейт экен. Ичи лабиринт тура. Бирок ичинен эчтеке таба алган жокпуз. Баарын француз, англичан археологдор казып Англия, Франция, Германиядагы музейлерге алып барып коюшкан дейт. Бирок барибир ичинде сыр көп экендиги сезилип турат. Шахтада жүргөнсүп жыгачтан атайын жасап койгон шаты менен чыгып кетип баратабыз

шашылып. Жеттик, фараондун өлгөндөн кийинки коюлган орду турат, бош. Ошону гана көрүп, кайра түшүп келе бердик. Ылдый жагында биздин заманга чейинки курулган кеменин музейи бар Хефрена пирамидасынын алдында жайгашкан ага кирдик. Айткандарына караганда Клеопатра мезгилинде деп тиешелүү экен. Учурда музейде кеменин макетин өзүнүн көлөмүндөй жасап коюшкан. Бирок вакуумда кеменин калдыктары сакталып турат. Баш жагы адам денеси арстан бул Сфинкс. Пирамидалардын сакчысы. Неге мындай түзүлүш? Башы адамдыкы – акылдуу, денеси арстан – күчтүү деп сүрөттөлүп фараондор заманында коюлган эстелик. Учурга чейин фараондорду болбосо да пирамидаларды коргоп турат. Каирдин базары. Арабтар соодалашканды жактырышат. Ал пайгамбарыбыз Мухамед С.А.В.дан калган дешет. Египетте билбеген туристтер оңой эле алданып долларын алдырып коерун баары билбесе керек. Египеттен эстеликке сувенирлерди алуу үчүн базарда соодалашып алып кайттык. Түнкү саат 12-1 ге чейин базар болот дешет. Базардын жанында белгилүү мусулмандар дин илимин окуп, үйрөнүү үчүн «Аль Азхар» Университети жайгашкан. Ал эми базардын дагы бир жанында Мухамед пайгамбарыбыздын небереси Хусейндин атына коюлган мечит бар. Бул мечитке анын башы коюлган дешет. Ислам мамлекети болгону үчүн намаз убактарында азан кадимкидей ар кайсы мечиттерден жаңырып турат. Каирге болгон сапарыбыз арый баштады. Бизди Каирге келгенден баштап бизди күтүп алышып, жардамдашып жатышкан бул, биздин Каирде окуп, жашап жүрүшкөн студент балдар, кыздарыбыз. Каирдеги бешбармак. Болуп жаткан экзамендерине карабай бизди коноктоп

Июнь, 2012 г. №6

9

күтүп жатышкан биздин студенттерибизге ыраазы болдук. Колдо барын жасап, боорсогун бышырып, салаттардын түрлөрүн жасап, олтурганыбызда бешбармакты алып келишти. Бешбармактын эки түрүн жасашыптыр. Ойлоп кетесин, кээде ушул бешбармакты Кыргызстанда да жебейсин деп. Каирде 400дүн тегерегинде студент кыргыздар бар. Кээ бирлери Кыргызстандан үйлөнүп, Каирде балалуу-чакалуу болгону бар. Балдары арабтардын балдарындай бирдей укукта, эч ким бөлбөйт. Мектепке барганы да бар. Ал келечек муундар кыргызча, арабча, англисче да окуп үйрөнүшөт. Жалпысы болуп 20 дай кыргыздар менен жолугуштук. Жигиттер өзүнчө, аялдары өзүнчө квартирада бизди күтүп алышты. Ал эми, Египетте Каирден башка шаарларында иштейм, бизнес кылам деп жүргөн кыргыздар да көп дешет, студент балдарыбыз. Москвадагы жердештерге салам айта баргыла деп бизди узатып калышты. Кайра эле түнкү саат 1-2. Эрте менен жолго чыкмай болдук.

18-июнь. Муса пайгамбардын кудуктары. Шарм-Эль Шейхке кайтуу

Эртеси эрте жолго чыктык. Аябай чарчаганбыз. Диний китептерде Муса пайгамбардын кудуктары тууралуу жазылган. Ал өзүнчө чоң тарых. Ошол кудуктардын экөөсүн көрө алдык. Ээн, какырап жаткан чөл кудуктун жанында араб соодагер аялдар аялдардын шуру мончокторун, сувенирлерин жайып алып пальманын дарагын бастырма жасап көлөкөлөп олтурушат. Биз жолубузду уладык. Түшкү саат 1 жарымда биз конгон мейманканага келип түштүк.

19-июнь. Кызыл Деңизде сүзүү, Муса тоосунда күндү тосуу. 1001 түн.

Эрте мененки чайды ичип алып, Кызыл деңиздин жээгине жөнөдүк. Биринчи күндөн айырмаланып бул күнү өз алдыбызча деңизге түшүп сүзө баштадык. Деңиз кирпилерине, башка дагы деңиз жаныбарларына буттарыбызды чактырып алгандарыбыз да болду. Коралдарды, балыктардын түрлөрүн суу астынан көрө алдык. Кечки саат 9да мейманкананын алдына микроавтобус келди. Муса тоосуна чыгып күндү тосууну каалагандар үчүн. Бул тоо ыйык тоо дейт. Тоону көргөнү, күндү тоскону ар кайсы диндеги, улуттагы адамдар келишет. Мусулмандар, Христиандар, Буддисттер, күнгө сыйынуучулар ж.б. Анын ыйыктыгы Муса пайгамбар менен Кудайдын жолугушкан жери дешет. Жол алыс түн ичинде жол жүрүшөт. Шарм-эль шейхте «1001» деп аталган оюн-зоок комплекси бар экен ал жакка бардык кечинде. Кирүү акысы 60 фунт. Кечки саат 11де шоу концерт башташат. Аталган комплекстин ичин жомоктогу каармандардын эстеликтери менен кооздоп жомоктогудай сулуу жасап койгон толтура ар жерде жасалма шаркыратмаларды көрүп, чөлдү элестете албайсын. 2 саатка созулган шоу-концертин көрүп кайттык.

20-июнь. Сапардан кайтуу.

Ошентип тоого чыккандар 20-июнь күнү түшкү саат 2ге жакын келип калышты. Чоң автобус кечки саат 6да 636 рейске, Москвага учуучулардын баарын ар кайсы мейманканалардан жыйнап ШармЭль Шейх аэропортуна жөнөдү. Кечки саат 9дан 20 минута өткөндө Египеттен Москвага учуп жөнөдүк. 21-июнь күнү Москва убактысы боюнча 3төн 45 минута өткөндө кондук. Москванын муздак таңы бизди тосуп алып, тез кыймылда жүргөн агымга тез эле кошуп койду.


10

Июнь, 2012 г. №6

Зов предков

w w w.birge.ru

КУРМАНЖАН - ДАТКА

Каныбек Иманалиев

К АГАНАТ

О го н ь Мы в стой бище на берег у золотого озера . Каган во главе огня. Красные языки пламени устремлялись В небе. Где закончилоспламя,звезды Мерцают.Языке огня , как лучи солнца. Полнолуние . Великий был огонь.Хозяин огня-тот,кто зажег его .Людям,у Которых горит в очаге Огонь, благодать с неба дается. Жар Огня словно проходит через девять сфер Кёкё-тенгри … Жар Огня словно достигает до сердца Земли –матери сквозь семь слоев. Мы приблизились к Огню. Нельзя не преклониться перед Огнем.И лучи Солнца берут начало Разнотравьем.Все живое погибло бы. Каган гневен и жесток . Вит огня унимает гнев . Он сидит в кругу у Огня . В глубокой задумчивости,молчит. Все понимает мудрый старец. ВетьОгонь-велик. Он завориживает. Огонь очищает душу и тело. Оберигает от всякой хвори. Вблизи заклекотал беркут. А великий Огонь все пылает. Его зарницы отражаются в золотом озере. Это наш Огонь.Это наш озера. Мы –небольшой ,как пучок Хвороста,нарот.Но мы удачливы и горячи. До утренней зари мы были у Огня.Огонь-матерь зажглапламень в Сердце каждого из нас.Пока не погас пламень в сердцах, Продолжили путь к Эне-Саю. Поутру слышали трель жаваронка. Перед тем как сесть на коней, мы умаслили кострище.Боевой поход продолжается. Рассвет наш пахнет душитцей… Сила очага священна. Не топчи Огонь! Не ругай Огонь! Не плюй Огонь! Неперешагивай через очаг! Не кружись вокруг Огня! Не одавай огонь чужаку! Огонь-священен.

Курманжан датканын аброю кыргыз тарыхында көрүнүктүү орунду ээлейт. Ал өзү жаратылыш ыйгарган жекече бийик инсандык жана мамлекеттик сапаттары менен журт башына көтөрүлгөн таңгаларлык акылдуу, эрктүү-талапчыл жана кайраттуу зайып болгон. Анын иштери менен ысымы легендаларга айланган. Ошол алыскы замандын көчүндө аны «Алай канышасы» деп аташкан. Уламадан уланган сөздө Курманжандын мүнөзүнүн чыйрактыгы менен акылынын тунуктугу анын ата-энеси тандап берген күйөсүн чанып таштап кеткен кыз кезинде эле эл көзүнө көрүнгөнү айтылат. Айтканынан кайтпаган кыз өзүнөн үч эсе улуу күйөсүнүн боз үйүндө бир күн гана болуп, үйүнө баса бериптир. Ал учурда мындай окуя адам укпаган өзгөчө жорук болгон. Анан ошол учурда анын жерине Алымбек деген бек келип калат. өзүнүн бийлигине салып кайындалган жаш келинди бошотуп алат да, никелүү жубайы катары өзу менен ала кетет. Алайды башкарып турган Алымбек Кокондогу хан бийлигине жакын болуп, кеп сандаган сарай оюндарына жигердуу катышкан. Гүлчөдөгү өз конушунда тынч алып жата албай, хан сарайын-

да парваначы деген жогорку даражага жеткен Алымбек датка 1862-жылы кезектеги сарай төңкөрүшүндө козголончулардын тузагына илинип, өмүрү кыйылат. Күйөсү каза тапкан мезгилде Курманжан Алайдын тагдырын өз колуна бек кармап турган. Ал бир гана алайлыктардын урматтоосуна арзыбастан, ошол эле учурда иш жүзүндө он миң жигиттен куралган ишенимдүү кошунга таянган. Ошол заманда аялга карата Чыгышта жасалган мамилеге карабастан, Кокон башкаруучулары Курманжанды «датка» даражасы менен Алайдын башкы башкаруучусунун тактысына көтөрүүгө макул болушкан. өзүнүн бой көтөргөн мүнөзу менен белгилуу болгон Кокондун жогорку өкүмдары Кудаяр хан Курманжан датканы эң атактуу бек катары тосуп алууга аргасыз болгон. Кийинки, балким, Курманжан датканын өмүрүндөгү эң маанилүү учур XIX кылымдын 70-жылдарында өз аскери менен Кокон хандыгынын аймагына келген Россияга карата кылган мамилеси менен байланышкан. Биринчи кезекте өрөөндө «Ак падышанын» аскерлеринин пайда болушун Курманжан датка терс кабылдаган. Анын бул көз карашы көп жагынан уулдары тарабынан аныкталган сыяктуудай, ал эми датканын алты уулу болгон. Алар тоого бекинип алып, өзгөчө улуу уулу Абдылдабек баштап россиялык аскерлерге куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Курманжан датканын Алайдагы кадыр-баркын жакшы түшүнүү менен, Фергананын биринчи аскер губернатору, Шипканын болочок баатыры, өзүнүн мейманын «княгиня» деп атаган генерал М.Скобелев аны бардык сыйурматын көрсөтүп тосуп алган. Орус генералы ага: «О, эр жүрөк, тайманбас уулдардын энеси. Мени да өзүмдүн уулум деп кабыл ал», - деп айткан дешет. Бул чыгыш аялынын жүрөгүн жылытат. Ал аны уулдарына каршьшык көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө кат жа-

зууга үгүттөйт. Курманжан датка орус башкаруучулары менен андан ары мамиле түзүүдө акыл-эстүүлүктү жана кыраакылыкты көрсөткөн. Бул иште ошол кездеги кыргыздардын арасында кадыр-баркы чоң Шабдан Баатыр көп жагынан көмөгүн тийгизген. А ошондон кийин, 1893-жылы кайгылуу окуя болуп өткөн. Курманжан датканын уулдары Камчыбек, Мамытбек жана небереси Арстанбек контрабандисттердин тобунун уюштуруучулары катары камакка алынышат. «Алай канышасы» орус бийликтерине жардам сурап кайрылат. Камчыбекти куткарып калууга мүмкүн болбоду. 1895-жылы аны даргага асышат. Курманжан датка сүйүктүү уулун өлүм жазасына тартып жатышканда катышып турган. Мамытбек менен Арстанбек болсо энесинин канатын сууга салып коргогон жигердуу аракетинин, ошондой эле ага жан тарткан орус бийлигинин өкүлдөрүнүн жардамы аркасында эки жылдан кийин сүргүндөн кайтып келишкен. Бул ал учун чыныгы майрам болгон. Ошол жылы Курманжан датка 85ке чыккан. Курманжан датканын кадыр-баркын ушунчалык жогору болгондуктан, ал жөнүндө император Николай IIнин өзүнө айтышкан, падыша ага атайын белек тартуулоону чечкен. Белекти камдоодо зергердик иштин эң мыкты чеберлери мээнеттенген. Императордун белегин тапшыруу учун Мады кыштагына көп сандаган атчан күзөтчүлөрдүн коштоосунда Оштун уезддик начальниги келген. Ал тартуу чындыгында эле падышанын атына татыктуу белек - ичине империянын мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылып, жакут жана розалар менен кооздолгон чынжырчасы жана төөнөгүчү бар аялдардын алтын сааты болучу. 1907-жылдын 1 -февралында «Алай канышасы» Курманжан датка 97 жашында каза болгон. Бул күн бүткүл кыргыздар үчүн аза күну эле.

Краткая информация из истории В V веке начался переход к оседлому образу жизни и у кочевников, населявших Северный Кыргызстан. К Х веку относятся первые свидетельства письменных источников о населяющих Тянь-Шань кыргызских племенах. Широко известным памятником древности являются наскальные изображения в урочище Саймалы-Таш. Эти уникальные росписи говорят о высоком уровне цивилизации кыргызов того времени. До сих пор поражают воображение башня Бурана и Узгенский архитектурный комплекс, свидетельствующие о высоком мастерстве зодчих и строителей. В V веке тюркоязычные племена, а также кыргызы, оказываются под властью набравшего силу Жужаньского каганата. При сложившихся тяжелейших обстоятельствах жизни кыргызы были вынуждены перекочевать на север, к берегам Енисея, чтобы защитить себя от гнета и притеснения жужаней. Данные исторические события в большинстве своем перекликаются, имея много общего с событиями, изложенными в устно-художественном памятнике кыргызского народа - эпосе «Манас». Кыргызы на Енисее. Эпоха «кыргызского великодержавия». Едва пере-

селившись на новые земли Енисея, кыргызы очень быстро оформляются здесь в самостоятельное политическое объединение. Исторические источники свидетельствуют о том, что уже к середине VI века кыргызы создают свою собственную независимую кочевую державу. В этот период к 552му году в Центральной Азии набирает силу Великий Тюркский каганат, который становится серьезной угрозой для независимости Кыргызского каганата. Известно также, что в последующие годы посол Кыргызского каганата был участником траурной церемонии по умершему Бумыну-кагану, основателю Великого Тюркского каганата. Однако союзнические миролюбивые взаимоотношения между двумя крупнейшими кочевыми патриархально-родовыми державами были очень кратковременны, и уже в 555 году новый каган тюрков Мухан совершает грабительский набег, закончившийся подавлением кыргызов. Тем не менее кыргызы не признавали полностью над собой власти Тюркского каганата и выжидали удобного случая для возвращения своей самостоятельности. В начале VII века, после распада Великого Тюркского кага-

ната на два самостоятельных кочевых государства, кыргызы незамедлительно воспользовались сложившейся для них благоприятной обстановкой, чтобы восстановить и утвердить собственную самостоятельность. К концу VII - началу VIII века кыргызы становятся влиятельной силой, заставившей считаться с собой могущественные державы Центральной Азии. С VIII века политическое господство в Центральной Азии переходит в руки уйгурского кагана, и кыргызы становятся подданными властителей Уйгурской державы. В дальнейшем, по прошествии почти ста лет, кыргызы вновь набирают силы, разбивают Уйгурскую державу к 40-м годам IX века и основывают невиданную по военной мощи крупную кочевую империю. Восточное пространство Центральной Азии, начиная от Манчжурии и доходя до Восточного Туркестана, до 20-х годов Х века полностью находится под политической властью кыргызов. Именно этот период истории древних кыргызов академик В. В. Бартольд назвал «эпохой кыргызского великодержавия». В эту эпоху слава и могущество Кыргызского каганата распространились далеко за пределами Центральной Азии.


w w w.birge.ru

Сов е т ы п о г е н е ра л ь но й убор к е к вар т ир ы и д о м а . Вс е л е г к о и п ро с т о . Конечно. Все так и есть. Нет ничего сложного в том, чтобы просто взять и настроиться на генеральную уборку своего дома или квартиры. Главное – это убираться во время хорошего настроения. Но также стоит соблюдать некоторые советы, которые мы Вам сегодня любезно предоставим. Итак, как же сделать утомительную уборку легкой и интересной? Про хорошее бодрое настроение мы уже сказали, так что переходим к дальнейшим действиям. Кстати, всегда думайте про уборку своего обихода так, будто бы это всего лишь пустяковое дело. Ведь даже такое занятие можно превратить в интересное увлечение. Очень помогает в процессе привода в порядок своего очага любимая музыка. Поставьте какую-нибудь заводную легкую композицию, под которую так и тянет на всевозможные движения и действия. Постарайтесь выделять на генеральную уборку достаточное количество времени, например, час или полтора (в зависимости от размеров квартиры или дома). Не экономьте на этом. Вы же не хотите после небольшой операции по уборке снова и снова доделывать ее каждый раз. Также советуем проводить уборочные занятия во всех комнатах и помещениях дома либо квартиры. Вот, например, если Вы пройдете на кухню, то можете обнаружить небольшую гору немытой посуды. Не расстраивайтесь. Для того, чтобы быстро ее отмыть, советуем просто наполнить раковину достаточно горячей водой, сложить в нее всю посуду, подождать минут 5, и после этого отмыть. Таким методом все тарелки, ложки, вилки и чашки вымоются гораздо легче и качественнее. Пройдем в туалет. Естественно, всевозможные чистящие средства здесь являются незаменимыми помощниками (не считая тотальной химической детоксикации лабораторными препаратами). Если говорить о ванной, то на случай скорого прихода гостей советуем вместо кусков мыла выложить новое целое, за место старых полотенец повесить свежие и чистые. Также рекомендуем выставить парочку ароматических флакончиков для приятного запаха (особенно, если санузел совмещенный). Насчет уборки пола моющими предметами лучше всего отказаться от привычное многим моющей тряпки. Куда легче просто купить механическую швабру с отжиманием при помощи рычажка. Советы по собиранию пыли: лучше всего с этим справляются влажные салфетки, которые могут собрать все пылинки даже с самых гладких и полированных поверхностей. Советуем для уборки шерсти за Вашим домашним любимцем использовать пылесос вместо ручной очистки пола и мебели. Что касается вездесущих разбросанных вещей, мягких игрушек, какихлибо украшающих предметов интерьера, то их собирательством заниматься проще простого. Легче всего (да и правильнее всего) разложить мягкие игрушки на самые невзрачные места для их украшения, безделушки и им подобные штучки расставьте по своим местам. Применение данных совсем несложных советов по улучшению домашней уборки превратит Вашу уборку в легкое и, может, даже увлекательное занятие. Рекомендуем выполнять обычную базовую уборку раз в неделю, а генеральную раз в месяц. Тогда Ваш дом или квартира станет приятным местом проживания и приема гостей.

Кожейкеге

Июнь, 2012 г. №6

11

Идиш - аяктарыңызга туура кам көрсөңүз, алар сизге көпкө кызмат кылат Ашкана идиштериңизди күзгүдөй жалтыратуу эң эле оңой. Эгер албетте, сырларын билсеңиз. Идишаяктардагы кирлерден же майлуу тактардан арылууга сизге бир гана заманбап каражаттар эмес, жөнөкөй ыкмалар да жардамга келет. Бирок эсиңизде болсун, жасалган материалына жараша ар бир идишке өзүнчө кам көрүү зарыл. Ашкана идиштери сизге көпкө кызмат кылат, эгерде аларга талаптагыдай кам көрсөңүз.

гуу бир жерге койбоңуз, мындан бычак тез мокойт. Бычакты ысык сууга жуу жана ысык нерсенин үстүнө коюу да анын тез мокошуна алып келет.

Мискей

Кашык, вилка

Жаңы алган стакандарыңыздын көпкө кызмат кылуусун кааласаңыз, аларды мискейдеги сууга салыңыз. Ортолорун калың кагаз менен бөлүп койсоңуз, бири-бирине тийишкенде сынбайт. Анан мискейди отко коёсуз. Суу кайнаганда мискейди оттон чыгарасыз. Качан гана суу толук бойдон муздаганда стакандарды мискейден чыгарасыз. Ичине май куюлган бөтөлкөнү жууда кофенин даны жардамга келет. Аларды бөтөлкөнүн ичине себелейсиз, анан бир аз жылуу суу куюп, чайкайсыз.

Казан

Кашык, вилкаларды жуугандан соң дароо кургата сүртүп коюңуз. Болбосо суунун тактары агарып калып калат. Кашык, вилкалар тамакка салынган боюнча же жуулбаган калыбында көпкө турбасын. Мындан алар жалтырактыгын жоготуп, тез эле бозоруп кетет. Күмүш кашыктарды нержавейка кашыктарга кошуп жуубаңыз - мындан күмүш чийилип кетет. Күмүш же алтын жалатылган кымбатбаалуу кашыктарды кадимки каражаттар менен жууганга болбойт. Алар үчүн зер дүкөндөрүндө атайын тазалоочу каражаттар сатылат. Күмүш кашыктар назик болот, алар чийилип калбаш үчүн жумшак кездемеге ороп сактаңыз. Кашык, вилканын жана бычактын дат баскан жерине пияздын кесимин сүртсөңүз, даттан дайын калбайт. Кашык, вилкаңыздын дайыма жалтырап туруусун кааласаңыз, аларды пайдалангандан кийин бир аз сода кошулган кайнак сууга салып жибериңиз. Картошка кайнаган жылуу сууга кашык, вилкаларыңызды жуусаңыз, алар жалтырап калат. Кашык, вилкаларды сактоодо кармагычын ылдый жакты каратып коюңуз.

Бычак

Лимон, анар кескенден кийин бычакты дароо жууп коюңуз. Болбосо бычакты дат басып кетет. Бычакты кашык-вилкалар менен чо-

Эмаль идиштин бекем болуусу үчүн колдонулган бир ыкма бар: Жаңы сатып алган эмаль мискейди пайдаланбай туруп ичине толтура туздуу суу куясыз (1 л сууга 5 чай кашык туз). Аны отко коёсуз да, кайнаганда оттон чыгарасыз. Муздаган соң сууну төгүп саласыз. Алюминий мискейиңиздин карарып калышын каалабасаңыз, ага тузсуз суу жана кабыгы аарчылбаган картошка кайнатпаңыз. Алюминий мискейди тазалоого капуста жардам берет. Капустанын жалбырагына күлдү ороп, алар менен мискейиңизди сүрүп тазалайсыз. Температуранын кескин өзгөрүлүүсүнөн эмаль жаракага дуушар болушу мүмкүн. Андыктан, ысык мискейге муздак суу же тескерисинче, муздак мискейге кайнак суу куюуга болбойт. Мискейдин капталындагы сүттүн күйүп калган калдыгын жана датты кетирүү үчүн идиш жууган чүпүрөктү кофенин данына малып алып, ошону менен сүртүңүз. Эгер алюминий, эмаль мискейлериңиздин ичи карарып кетсе, ага алманын, алмуруттун кабыктарын салып алып кайнатыңыз. Мындан мискей агарат. Карарып кеткен алюминий мискейге толтура суудан куюп, 3-4 чоң кашык уксус кошуп 10-15 мүнөт кайнатсаңыз, мискейиңиз таптаза болуп калат.

Чоюн казанды жуугандан кийин отко коюп кургатып, андан кийин ичин өсүмдүк майы менен майлап коюңуз. А пайдаланарда алгач жакшылап кызытып аласыз. Эгерде чоюн казандын кармагычы пластиктен болсо, казанды 230 градустан ашык ысытууга болбойт. Казанга жасалган тамакты башка идишке, мисалы, эмаль мискейге оодарып алыңыз. Чоюн тамакты карайтып жиберет. Чоюндан жасалган жаңы көмөчтанды иштетерден мурун жакшылап кызытып, анан ирик туз менен сүртүп койсоңуз, түбүнө тамак күйбөйт жана ал сизге көпкө кызмат кылат. Көмөчтанга бир нерсе кууруп жаткан учуруңузда газдын экинчи көзүндө чайнек же мискей турбасын. Алардагы көмөчтандан чачыраган майдын тагын жууп кетирүү абдан кыйын болот.

Чайнек

Айнек идиштер

Хрусталь стаканды ысык сууга жууганга болбойт, мындан ал бозоруп кетет. Стакандарды жууганда бутунан эмес, үстүнөн кармоо керек. Айнек стакандарды уксус кошулган муздак суу менен чайкап койсоңуз, хрусталь сыяктуу жылтырап калат. Оозу кууш айнек идиштерди мындай ыкма менен жуу натыйжалуу болот: идишке жылуу суудан куюп, жуучу каражат жана бир чоң кашык ирик кум саласыз. Анан идишти ары-бери бир нече жолу чайкайсыз да, ичиндегилерин төгүп саласыз. Бөтөлкөнүн түбүндөгү шараптын, ширенин катып калган калдыгын кетирүү үчүн бөтөлкөгө жылуу суу куюп, бир чоң кашык сода саласыз да, бир саат коюп коёсуз. Андан соң жакшылап чайкап, чоргодон агып жаткан сууга жууп саласыз.

Чай демдеген чайнектеги чайдын тагын кетирүү үчүн ага сода кошулган ысык сууну куюп, 2-3 саат коюп коёсуз да, андан соң жууп саласыз. Эгер сиздин чайнегиңизде демделген эски чайдын калдыгы калып, ал көгөрүп кеткен болсо, алгач аны таза жууп туруп кургатыңыз. Андан соң чайнекке 2 даана ак кант салып, бир сутка коюп койсоңуз, жагымсыз жыт жоголот. Чай кайнаткан чайнектин кеберин кетирүүдө сизге картошканын кабыгы жардамга келет. Аны чайнекке салып, үстүнө суу куясыз да, чайнекти отко коёсуз. Кебердин абалына жараша 10мүнөттөн 1 саатка чейин кайнатасыз. Аймээрим КУрБАНАЛИЕВА


12

Июнь, 2012 г. №6

В мире интересного

Фа к т ы о к о с м о с е с о с л о в са м и х ко смонавтов

1. Почти все прибывающие в космическое пространство испытывают, так называемую «космическую болезнь». Это неприятные ощущения вследствие того, что внутреннее ухо получает искаженные сигналы. Болезнь выражается в головной боли и тошноте. 2. В условиях невесомости жидкость в организме человека перемещается вверх, это является причиной закупорки носа. Лица становятся несколько одутловатые. Кости интенсивно теряют кальций. Происходит замедление функционирования кишечника. 3. В 2001 году был проведен эксперимент, который показал, что храпящие на Земле, не храпят в космосе. 4. Быстро заснуть на орбите достаточно сложно, так как биологический цикл меняется из-за наблюдения 16 раз солнечного восхода ежедневно. 5. Скорее всего, женщины, у которых есть искусственная грудь, не смогут быть космическими туристами. Специалисты фирмы Virgin Galactic, которая занимается туризмом в космосе, считают, что имплантанты могут взорваться. 6. Астронавт Джон Гленн в свое время имел проблему с проглатыванием пережеванной пищи, по причине отсутствия силы тяжести. Первых астронавтов снабжали обезвоженной пищей в кубических брикетах и тюбиках. 7. Современные астронавты могут использовать для приправы жидкий перец и жидкую соль. Если твердые гранулы рассыпаются, то могут разлететься и попадать в вентиляцию или нос и глаза людей. 8. Для пользования космическим унитазом, на него нужно садиться точно по центру. Правильная техника отрабатывается на специальном макете, имеющем камеру. 9. Инженеры НАСА делали попытку организовать мини туалет прямо в скафандре. Для женщин должна была использоваться гинекологическая вставка специальной формы, для мужчин плотный презерватив. Позднее от этой идеи отказались и стали использовать памперсы. 10. Сразу после возвращения на земную поверхность, астронавты с трудом могут пошевелить конечностями. По этой причине посадка у них называется вторым рождением. 11. Люди проведшие долгое время в условиях невесомости, говорят, что труднее всего привыкнуть в нормальной жизни, это то, что предметы падают, когда их отпускаешь.

ч т о рас т е т у н ас н а г ря д к е . . . Каких только чудес не произрастает в наших садах и огородах. Судя по всему, любимая наша приправа в виде всяких химических удобрений дает о себе знать в виде разнообразных мутаций обычных овощей, фруктов, корнеплодов. Немецкий художник Ули Вестфал, как-то раз нашел на полке в супермаркете пятиголовый баклажан и решил создать целую серию фотографий, посвященную нестандартным дарам природы. Глядя на такие чудеса, можно улыбаться, но неплохо и призадуматься.

w w w.birge.ru

Запах женских сле з с н и ж а е т п ол о в о е вл е ч е н и е у м у ж ч и н Плачущая женщина становится менее привлекательной для мужчины. И дело не в том, что у нее течет тушь или глаза становятся опухшими. Механизм воздействия женской слезы на мужское сознание гораздо тоньше. Человек выделяет много различных жидкостей, запахи которых несут в себе закодированные сигналы для других особей того же вида. Но слезы не имеют запаха. Исследование Ноама Собеля (Noam Sobel) из Вейцмановского научного института в Реховоте (Израиль) показало, что слезы не только визуальный способ выражения эмоций, как считалось ранее, но и способ коммуникации. Эксперимент проходил в несколько этапов. Сначала мужчинам предлагали распознать слёзы по запаху — никто не смог этого сделать. Затем мужчины нюхали слезы и обычный солевой раствор, глядя на фотографии женщин. Тест проводили вслепую, то есть испытуемые не знали, что у них в пробирке. На следующий день те, кто нюхал слезы, получили раствор соли и наоборот. В результате оказалось, что «запах» слез делал женщин на снимках в глазах испытуемых менее привлекательными. Это выяснили не только при прямом опросе, так и с помощью косвенных факторов. У мужчин, вдыхающих запах женских слез, снижались температура тела, уровень тестостерона в крови, частота дыхания, активность определенных долей головного мозга. Авторы исследования считают, что открытый ими химический механизм общения противоположных полов через слезы позволяет женщинам избегать нежелательных связей. С точки зрения эволюции это может быть оправдано, когда половые контакты не могут привести к зачатию ребенка. Статистика утверждает, что эмоции со слезами часто проявляются у женщин непосредственно перед и во время менструации, когда шанс оплодотворения минимален. Исследование ставит перед учеными много интересных вопросов. Чем отличаются женские, мужские и детские слезы? Насколько сильно химические сигналы, даже те, которые мы не ощущаем, влияют на наше поведение? И какое именно вещество в составе слезы снижает половое влечение мужчины к женщине?

Что происходит после того, как вы выпьете одну 0.5 Coca-Cola: Через 10 минут. 10 чайных ложек сахара “ударят” по вашей системе (это ежедневная рекомендуемая норма). Вас не тянет рвать, потому что фосфорная кислота подавляет действие сахара. Через 20 минут. Произойдет скачок инсулина в крови. Печень превращает весь сахар в жиры. Через 40 минут. Поглощение кофеина завершено. Ваши зрачки расширятся. Кровяное давление увеличится, потому что печень выбрасывает больше сахара в кровь. Блокируются аденозиновые рецепторы, тем самым предотвращая сонливость. Через 45 минут. Ваше тело увеличит производство гормона дофамина, стимулирующего центр удовольствия мозга. Такой же принцип действия у героина. Спустя час. Фосфорная кислота связывает кальций, магний и цинк в вашем кишечнике, ускоряя метаболизм. Увеличивается выделения кальция через мочу. Более чем через час. Мочегонные действия входит в игру. Выводятся кальций, магний и цинк, которые находятся в ваших костях, так же как и натрий, электролит и вода. Через полтора часа. Вы становитесь раздражительным или вялым. Вся вода, содержащаяся в кокаколе, выводится через мочу.


w w w.birge.ru

Июнь, 2012 г. №6

Спорт

13

Ро н а л д у - М е с с и д уэл и Е в р о п а өлкөлөрүндө ички футбол чемпионаттары көптөгөн сенсациялардын коштоосунда аяктады. Англия, Франция, Италия, Испания өлкөлөрүндө чемпиондор алмашышты. Француздардын элиталык дивизионуна 2 жыл мурун гана кошулган «Монпелье» клубу эми мынтип чемпион аталганга жетишишти. Эсиңерге сала кетсек 1974жылы Луи Николлен тарабынан бул футболдук клуб сатылып алынган. Ошол жылдан тарта Луи клубдун президенти жана негизги акциялардын ээси аталат. «Монпелье» француздардын быйылкы футболдук сезонунда эң стабилдүү жана эң жакшы уюшулган футболдук клуб аталганга жетишти. Бул сезондун башкы байгеге талапкер аталган «ПСЖ», «Лион», «Лилль», «Бордо» клубдары менен беттешти эмес, согушту жеңүү тактикасын колдонуу менен 2011-2012-ж франция чемпионаттын утуп алышты. Клубдун эң мыкты чабуулчусу Оливье Жиру атаандаштарынын дарбазасына 21 жолу топ киргизүүгө жетишкен. Тумандык Альбион аталган Англия чемпионатында, 2 жыл мурун гана шейх Халдун Аль-Мубарак тарабынан сатылып алынган «Манчестер Сити» клубу акыркы ирээт 1968-жылы чемпион аталган. Быйыл шейхтин акчасын трансфер терезесинде чачып мыкты оюнчуларды өз курамына чогултуп, жак-

шы оюн көргөзүү менен Англия чемпиону аталды. Сезондун башынан аягына чейин 2 «Манчестердин» салгылашуусу болду десек эч жаңылышпайбыз. Себеби, чемпионаттын акырына 5 тур калганда «Ман Юнайтед» «Сити» клубунан 7 упайга астыда жүргөн. Көптөгөн футбол серепчилери ошол кезде Фергюсондун клубуна алдын ала эле чемпиондукту ыйгарып койгонун жакшы билебиз. Бирок, топ тоголоктугун билгизип, оюн 90 мүнөт жана ортодогу калыс кошкон бир канча мүнөт созулаарын даңазалаган «Манчестер Сити» 2011-2012-жж чемпиону аталды. «Англия Кубогунун» жеңүүчүсү «Чел-

си» болду. Финалдык беттеште аристократтык клуб мурдагы «Великолепная четверкада» жүргөн санаалаштары «Ливерпулду» «Уембли» стадионунда кабыл алып (3:2) эсебинде жеңишке жетишкен. Айта кетсек быйыл Роман Абромовичтин клубу Англия чемпионатында 4 эң мыкты клубдардын арасына кире албаганы менен, «Англия Кубогунун» жана көптөн бери самап жүргөн «Чемпиондор Лигасынын» да жеңе алышкан. Испания чемпионаты мурдагы кылымдан бери тирешип келе жаткан 2 грандтын ортосунда кайрадан кайталанды. Бирок, бул сезонду «Барселона» «Реал» тиреши дебестен футбол

күйөрмандары Месси Роналдо тиреши деп атап алышканы айтпаса да көрүнүп турду. Себеби, бул оюнчулар чемпионаттын башынан аягына чейин эн мыкты «бомбардир» аталганга күч сынашып келишкен. Месси бул сезондо 50 гол киргизгенге жетишсе, Роналдо 46 гол киргизип, өзү ойногон клубу «Реалды» чемпион аталганга эң чон

Сборная Кыргызстана проведет третий матч на чемпионате Азии по футболу

Три бильярдиста из Кыргызстана выступят на Кубке легенд в Казахстане

В Саудовской Аравии 23 июня стартовал отборочный раунд к чемпионату Азии по футболу среди сборных команд (U-22) группы «В». Сборная Кыргызстана на старте потерпела 2 поражения, проиграв сборным Сирии и Саудовской Аравии с одинаковым счетом 1:0. Сегодня, 28 июня, футболисты из Кыргызстана проведут третий матч на турнире против сборной Пакистана. Пакистанцы в стартовом матче сыграли вничью со Шри-Ланкой 1:1, затем проиграли Сирии 1:2. В турнирной таблице группы «В» лидируют команды Саудовской Аравии и Сирии (6 очков), сборная Кыргызстана с нулем в графе «Очки» занимает последнюю строчку.

Спортсмены из Кыргызстана примут участие в Кубке легенд по бильярду в Алматы (Казахстан), который стартует 29 июня. Как сообщил Sport АКИpress директор СДЮШОР по бильярдному спорту Константин Коробов, в данном турнире примут участие сильнейшие спортсмены, достигшие высоких результатов. Кыргызстан на турнире будет представлен тремя спортсменами, среди которых двукратный чемпион мира Каныбек Сагынбаев. Также от Кыргызстана на турнире будут играть Сапар Алыкулов и Нурбек Эшбаев. Турнир завершится 1 июля, после чего там же в Алматы стартует чемпионат Азии.

салым кошо алды. Бул 2 гиганттын тирешин «Чемпиондор Лигасынын» финалында канчалык күтүшкөнү менен экөө тең финалга жолдомо ала албай ара жолдо кала беришкен. Бирок, Месси да, Роналдо да 2011-2012-жылдын эң мыкты оюнчусу аталганга эң алдыңкы талапкерлердин катарын толукташат. Италия чемпионатында 5-6 жыл мурун чыр чатактын кесепетинен ылдыйкы дивизионго түшүп калган «Ювентус» 1 жылдан кийин «Серия А» дивизионуна кайтып келип «Чемпиондор Лигасына» да илине албай жүрүшкөн, мына эми быйыл кудай колдоп чемпион болгону бышык. Сезон башталгандан тарта туриндик клуб, Сильвио Берлусконин «Милан» аттуу клубу менен жакалашып келишкени футбол күйөрмандарын өтө кубантып чемпионаттын акырына чейин интриганы сактай алган. Италия чемпионатынын эң кызыктуусу 2 жыл мурун гана «ЧЛ»да ички чемпионаттарда байма-бай ат салышып жүргөн «Рома» жана «Интер» клубтарынын эң мыкты 4 клубдун арасына кире албай калгандыгы. Келээрки жылы «Чемпиондор Лигасында» бул клубтардын катышпоосу анык. Демек, булардын ордун өлкө чемпионатында 3-4 орунга ээ болгон «Удинезе» жана «Лацио» оюнчулары толуктайт. Эң кызыктуу өлкө чемпионаттары “бүттү эми эмне кылабыз”-дебей, кыргыз футбол күйөрмандары күчүбүздү топтоп алдыда келе жаткан өлкөлөр арасындагы Украина, Польшада боло турган «Европа Чемпионатына» даярдык көрөлү. Интернет булактарынан алынды

Чемпионат Азии по шахматам: А.Соломко занимает 4 место по итогам 4 туров В столице Шри-Ланки городе Коломбо продолжается чемпионат Азии по шахматам среди юношей и девушек. 27 июня на турнире прошли поединки 3 и 4 туров. Как сообщает официальный сайт соревнований, в самой младшей возрастной категории (6 лет) кыргызстанец Артур Соломко по итогам 4 туров занимает 4 место с 2 очками. Как и в первый игровой день, он один поединок проиграл, а в другом был сильнее своего соперника. Мусаева Шахнози (12 лет) по итогам 4 туров имеет в активе 2.5 очка и занимает 12 место среди 27 спортсменов. Чынгыз Исаев (14 лет) заработал 2 очка из 4 возможных и занимает 16 строчку. Эсенбек уулу Бакай (16 лет) имеет в активе также 2 очка (12 место). У остальных юных гроссмейстеров из Кыргызстана дела идут менее удачно. У Руслана Съездбекова (10 лет) и Дианы Лобода (16 лет) по 1.5 очка и 23 и 16 места соответственно. Олжобай Кызы Алина (14 лет), Алия Сыдыкова (10 лет), Айпери Майрамбекова (10 лет) и Актилек Тейитбаев (12 лет) заработали по 1 очку. Эвр Олжобай (12 лет) пока имеет 0.5 очка, Нурай Советбекова (8 лет) очков еще не заработала.


14

Июнь, 2012 г. №6

Реклама

w w w.birge.ru


w w w.birge.ru

Реклама

Июнь, 2012 г. №6

15


16

Июнь, 2012 г. №6

Реклама

w w w.birge.ru


w w w.birge.ru

Кайсыл учурда бээнин сїтї 200 ооруга дары боло алат? Кандай өлчөмдө ичүү керек? Бээнин сүтү күчтүү болгондуктан, 2 жашка чейинки балдарга көп сунушталбайт. Ал эми 2 жаштан 5 жашка чейинки балдар бир күндө 400 грамм өлчөмүн ар бир ичкен сайын 50 граммдан ашык эмес ичүүсү зарыл. 5 жаштан жогору 10, 15 жашка чейинкилерге күнүнө 700, 800 грамм ичүүгө уруксат берилет. 15 жаштан жогоркулар күнүнө 1л ичсе болот. Орто жаштагылар канча көп ичишсе, ошончолук пайдасы көбүрөөк. Ошондой эле 60 жаштан жогоркулар бээнин сүтүн ичүүдө өлчөмүн бир аз азайтуу керек. Эгерде организм аябай талап кылса, андай учурда коркпой иче беришсе болот. Бээнин сүтүн кайсыл мезгилде ичүү керек? Бээнин сүтүн ичүүдө ак боз же кула бээнин деп өңүн тандагандар бар. Чындыгында, бул эч кандай мааниге ээ эмес. Бээ кулундагандан кийин 15 күнгө чейин уузу тарабайт. Уузу тарай элек бээнин сүтүн утурлай ичсе дарылык касиетке ээ. Ал эми уузу тарагандан кийин дарылык касиети жоголот. Эгерде уузу тарай элек менен уузу тараган бээнин сүтүн аралаштырып ичсе дарылыкка пайдасы жок. Бирок тазаланууга таасири тиет. Таза дарылангысы келгендерге ууз сүттү ичүү жолу Эртең менен ач карын 30 граммдан ичип баштап, андан кийин ар бир саанда 30 граммдан көбөйтүү зарыл. Күнүнө 5 саан болсо, 150 грамм, ал эми 7 саан болсо, 710 грамм ичүү керектелет. Ууз сүт ичип жатканда кычкыл майлуу тамактар жана кыямдын бардык түрлөрүнөн баш тартып, мүнөздүү тузу кем тамактарды ичүү керек. Бээнин сүтү айыкпаган дартты сакайтат Мунун дагы бир дарылык касиети 30 грамм бээ сүтүнө нак 30 грамм кымыз кошуп ичип, 5-7 күн жогорулатып ичип, кайра артка тартсаң, өзгөчө ашказан, ички жараларга, боордун циррозуна, кант диабети менен жабыркагандардын дартын жеңилдетет. Сүткө караганда саамалдын жогоруда айтылган ооруларга дабасы жогору турат. Саамал ичип дарылануучуларга жана бээнин сүтүн сатуучулардын эсине сала кетсек, колдо байланып, кургак чөп жеген бээнин сүтү дарылык касиетке ээ эмес. Өрөөндүү же жайлоодогу миң түркүн чөптүн гүлүн искеп жеген бээнин сүтү айыкпаган дартты сакайтат. Узак убакыт кыштоодо байланган желенин сүтү жагымсыз болот. Бээнин сүтү кайсыл учурда 200 ооруга дары Эгерде жаңы тууган бээнин ууз сүтүн 15 күнгө чейин жана сааган учурдан үч мүнөткө жеткирбей жылуу кезинде, башка бээлердин сүтүнө аралаштырбай ичсе, мына ошондо гана 200 ооруга дары боло алат. Бээнин сүтүнүн зыян жагы барбы? Негизинен зыяны жокко эсе. Бирок бээнин сүтүн жаңыдан ичип баштаганда, ичип жаткан кишинин ичин алат. Ошол мезгилде адамдын организми көнүп кеткичекти кыйналышы мүмкүн. Бул учурда атайын ич ооруга каршы дарыларды ичпөө керек. Негизи эле таптакыр дары аралаштырууга болбойт. Кан басымы жогору болгон кишилер бээнин сүтүн ичүүдө алгач аз-аздан ичип баштап, организимин көндүрбөсө башы ооруп, кыйналып, кускусун келтирет.

Текшерип көр

Июнь, 2012 г. №6

17

Сууда сүзүп, жагымдууну пайдалуу менен айкалыштырыңыз!

Сууда сүзүү - спорттун эң пайдалуу түрлөрүнүн бири. Жай келип, аптап мээ кайнатып турганда баарыбыз сууну көздөй чуркайбыз. Анткени, чындыгында сууда сүзүүнүн пайдалуу жактары оголе көп.

Жүрөк-кан тамыр системасы Сууда сүзүү - жүрөк-кан тамыр системасынын абалына эң жакшы натыйжа берет. Дененин жаткан калыбы, терең дем алуу, бардык булчуңдардын кыймылда болуусу жүрөккө кандын куюлуусун шарттап, анын ишин жакшыртат. Сууда сүзүү менен такай алектенген адамдардын кан тамырлары чоюлуп калат жана пульсу төмөн болот. Жыйынтыгында, алардын жүрөгү кубаттуу, ошол эле учурда сарамжалдуу иштейт.

Н е рв с и с т е м а с ы Адам сууда сүзүп жүргөн учурда суу анын терисин жана булчуңдарын назик массаж кылат. Бул массаж нерв системасына оң таасир этип, ашыкча чыңалууну жазат. Өзгөчө уйкусуздуктан жабыр тартып жүргөн адамдар үчүн бул маанилүү, анткени, сууда сүзүүдөн кийин адам таттуу жана терең уктайт.

О м ур т к а л ар Дене сууда болгон учурда булчуңдарга белгилүү бир жүк келип, алар өсөт. Ошондой эле суу омурткалардын чыңалуусун жазат. Бул болсо дене-бойдун түз болушуна шарт түзөт жана сколиоздун алдын алат.

И м м уни т е т Сууда сүзүү иммунитетти бекемдейт, организмди суукка сасык тумоо ооруларына чыдамкай кылат.

Д е м а л уу с и ст е м ас ы Сууда сүзүү учурунда дем алуу терең, активдүү болгондуктан, адамдын өпкөсүнүн көлөмү чоңоёт. Сүзгөн адам өпкөсүн толук бойдон пайдаланат, бул болсо өпкөдө көмүр кычкыл газынын топтолуп калышынын алдын алат. Ошон үчүн сууда сүзүү - дем алуу системасын машыктыруу жана аны

бекемдөөнүн эң натыйжалуу куралы.

Эркек тердин жыныстык функциясы Эркек сууда сүзгөндө кан айлануу жакшырып, жыныс органына кан жакшы барат. Ал эми анда кан канчалык көп болсо, эрекция ошончолук бекем болот.

Сууда сүзүп арыктоого болобу? Болот. Анткени, сууда сүзүү учурун-

да саатына 600 килокалорийге чейин энергия сарпталат. Бирок, натыйжалуу максатка жетүү үчүн айрым эрежелерди сактоо зарыл: 1. Сууда сүзүүнүн жардамы менен арыктоону кааласаңыз, жумасына 3-4 жолудан кем эмес бассеинге каттап, ар биринде 45 мүнөттөн сүзүшүңүз зарыл. 2. Сууда сүзүү көп энергияны талап кылгандыктан, суудан чыккан соң тамакка болгон табиттин болуп көрбөгөндөй ачылып калары турган иш. Мындай учурда организмиңиздин тамакка болгон талабын толук канааттандырып алсаңыз, эч кандай жыйынтык чыкпайт. Суудан чыкканда ашказаныңызды жеңил салат же кефир менен «алдап» туруңуз. Бир сааттан кийин гана балыктан же жашылчалардан жасалган тамак жесеңиз болот. Өзүңүз каалагандай калориялуу тамактарды машыгууга эң эле аз дегенде 2,5 саат калганда жешиңиз керек. 3. Булчуң клеткаларындагы майлар күйүү үчүн дене белгилүү бир кыймылда болууга тийиш. Андыктан, суунун ичинде жөн эле жүрө бербей сүзүшүңүз зарыл. Ошондо гана арыктоого болгон аракетиңиздин акыбети кайтат. 4. 24 градустан төмөнкү температурадагы суу адамдын организмин теринин астындагы майдын топтолушуна мажбур кылат. Андыктан, өтө муздак сууда сүзүү сунуш кылынбайт.


18

Июнь, 2012 г. №6

w w w.birge.ru

Орозону утурлап

Орозо медициналык жактан да жогору мааниге ээ Орозо медициналык жактан да жогору мааниге ээ. Чынында да ал ичеги ооруларына өтө пайдалуу. Анын зандын катышына (запор) кошкон салымы зор. Ошондой эле орозо кээ бир тери ооруларынын, ашказандын жана ичегилердин жакшырышын камсыз кылат. Бул себептен улам дүйнөнүн кээ бир жерлеринде жалаң, орозо менен дарылаган ооруканалар курулган.

Мына ушундай абалдарга тушуккан адамдарга психологдордун сунушу: «Ачка болуу». Тагыраак айтсак, орозо кармоо. Анткени орозо нервдер чьңалып турганда, чыдоо жөндөмүн күчтөндүрөт, гормоналдык бөлүп чыгарууларды тартипке келтирет, рухий толкунданууну басаңдатат.

Орозо - бул калкан

Орозо жана азыктануу

Биз жеген тамактардан белоктук болгондору кислоталарды, түрдүү туздарды пайда кылат. Клеткаларыбызда, ткандарыбызда туздардын турлөрү дайыма өзгөрүп турат. Азыктарыбызда жетиштуу өлчөмдө негиз болбосо, кислоталар тузга айлана албай калат да уулануу пайда болот. Денеде бул теңсалмаксыздыкты жоё турган белен кампалар бар болсо дагы, ошол тең салмаксыздык кайталана берген сайын ден соолук бузулат. Оорулардын 50% ашказан ооруларынан улам пайда болот. Кислота, негиз жана туздун деңгээли ден-соолук үчүн керек болсо дагы, биз жеген нерселер буга жараша эмес, биздин каалообузга, же мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша болот. Дененин бул тең салмаксыздыгын жылына бир ай күндүз ачка калуу аркылуу жойсо болот. Ушул жол аркылуу кармалган орозо адамдын ички органдарын каптаган зыяндуу майлардын ээришине оң таасирин тийгизет. Дарактардын жылына бир жолу буталышына окшош болгон бул абалдан кийин зат алмашуу жанданат. Бөйрөк, боор, өт баштыкчасы, шекер, жүрөк жана тамыр ооруларына каршы дененин чыдамкайлыгы күчтөнөт, Бирок бир шарт бар - оозду жабаарда жана ачаарда ашыкча көп ичип-жебеш керек. Алексис Карел мындай дейт:«Тамакашсыз калганда адам алгач ачка болгонун сезет, кээде нерви чыңалышы мүмкүн жана акыры алсырайт. Бирок кээ бир абдан маанилүү окуяларга жол ачат. Боордогу шекерлер теринин астындагы май катмарлары жана булчундардагы, бездердеги, көк боор клеткаларындагы протеиндер кыймылга келет. Бүткүл органдар өз заттарын ички чөйрөнүн жана жүрөктүн сакталышы үчүн аяшпайт. Орозо ушинтип ткандарыбызды тазалап, алмаштырат». Орозо адамды ачкачылыкка жана суусуздукка чыдоо жөндөмүн көбөйтөт. Кээ бир ыйык күндөрдө жана дүйшөмбү, бейшемби күндөруө тутулган нафил, тактап айтканда, парз болбогон орозолор гормоналдык функцияларды тартипке келтирип, энергиясын ишке жана спортко сарптабаган адамдарды, өзгөчө жаштарды энергияны туура эмес жакка колдонуудан коргойт. Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн кармалган орозо негизинен, дененин рухка болгон басымын азайтып, рухтун эркиндигине мүмкүнчүлүк түзөт.

Орозо жана булчуңдун иш аракеттери

Борбордук нерв системасына караш-

туу болгон мотордук нерв системасынын башкаруусунда иштеген булчуңдар аркылуу адамдын денеси кыймылга келет. Кыймылдай алышыбыз үчүн белгилүү булчуңдарыбыздын түйүлүшү жана жазылышы керек. Булчуңдардын түйүлүп, жазылышы башка органдарды да чарчатат. Булчуңдар милдетин аткара алышы үчүн жүрөк жана кан айлануу керектүү заттарды берет. Кан канчалык көп өлчөмдө булчуңдарга жүгүрсө, булчуңдардын ошончолук көбүрөөк түйүлүп жазылуу функциялары, чарчоого чыдоо жөндөмү көбөйөт. Кан айлануу алсыз, же аз өлчөмдө болсо, булчуңдар жалкоолошуп, сергектигинен ажырайт. Булчуңдарга келген кан белгилүү ички шарттарда көбөйүп, азайып турат. Тамырлардагы бүткүл денеге тиешелүү кандын өлчөмү дайыма туруктуу бойдон калса, эмне үчүн булчуңдарга кээде аз, кээде көп кан келет? Денеде жалгыз гана булчуң жана кыймыл системасы эмес, башка системалар менен органдар дагы бар. Алар дагы булчуңдардай эле канга муктаж. Бир органдын канга болгон муктаждыгы азайса, дененин калган жактары кандан көбүрөөк пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат жана кандын көбүрөөк өлчөмдө келишине шарт түзөт. Сиңируу системасы бүткүл милдеттерин аткара алышы үчүн кеп өлчөмдөгө канга муктаждыгы бар. Анткени тамактын сиңирилишине керектүү бөлүп чыгаруу, кыймылдоо, өзгөртүү жана эмүү функциялары кан аркылуу камсыз кылынат. Бул үчүн сиңирүү башталгандан акыркы этабына чейин кан айлануунун чоң бир бөлүгү сиңирүү менен алек болот. Ошол учурда булчуңдар жана кыймылды камсыз кылган системалар жетиштүү өлчөмдө кандан кур калышат. Бул абал дененин жандуулугун, кубатын жана чарчоого каршы чыдамкайлыгын азайтат. Дене ыкшоо тартып, оорлошот. Эми спортсмендерге төмөнкү сунуш кылынат: «Оор жана кыйын көөнүгүүлөрдү, сөзсүз түрдө, ачкачылык сезими менен баштагыла». Орозо аркылуу дене булчуңдардын кубаты жана сергектиги да күчтүрөөк болот. Булчундар орозо учурунда башка жөн учурларга караганда көбүрөөк

кыймыл жасай алат. Орозо айы Рамазанда аң-сезим жана тулку-бой чегинен тышкары иштесе дагы, дене арыктабайт. Анткени орозо денеге азык заттардан көбүрөөк өлчөмдө пайдаланышын камсыз кылат. Орозо айында аз дагы болсо кээ бир адамдарда пайда болгон арыктык орозодон эмес, уйкусуздуктан жана эс алуу убактыларынын азайышынан улам пайда болот. Кээде дене орозо аркылуу семирип кетиши мумкун, Анткени орозо жандуураак сиңирүүнү камсыздайт. Орозо учурунда аппетит көбүрөөк ачылып, сиңирүү системасы жакшыраак иштей баштайт. Ашказан бош болуп турганда дене дайыма жеңил болуп, жакшы иштейт. Күндүзү түшкү менен түштөн кийинки окулчу бешим менен аср намаздары денени жана ан-сезимди жандандырат. Мөөнөтүнө, алтургай секундасына чейин кылдат тартипке салынган Исламдан башка жашоо таризи бул дүйнөдө жок.

Орозо жана психология

Студенттерден, абитуриенттерден алынган маалыматтарга караганда, өз жашоосундагы эң маанилүү экзамендерге кирээрде орозонун толкунданууга, коркууга, нерв жана аң-сезим бузулууларына тийгизген оң таасири бар. Рухтун бир калыпта болбой өзгөрүшү, шок, экзамен, сот жана согуш сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда пайда болгон толкундануу жана коркуудан улам пайда болот. Жүздүн, көздүн канталашы, колу-буттун титиреши жана тилдин буулушунун себеби – күтүүсүздөн пайда болгон гормоналдык жана ички бездердин бөлүнүп чыгып, ички системанын бузулушунан болот. Медициналык изилдөөлөр мындай адамдарда кандын адреналинде гормондун деңгээлинин жогорулашын, мунун себебинен күтүүсүз шекер диабети оорусун аныктап далилдеген.

Айбандык сезимдердин ойгонуп кыймылга келиши жыныстык гормондордун таасиринин күчтүүлүгүнө жана өлчөмүнө жараша болот, ал эми бул болсо гормондордун гендик органдарга болгон таасири менен байланыштуу, Бул канда жыныстык гормондордун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн натыйжасында болот. Кандагы бул көтөрүлүш көп тамак жеш аркылуу болот. Орозонун жыныстык сезимдерге тийгизген таасирин Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) минтип айткан: «Жаштардын үйлөнө ала тургандары дароо уйлөнүшсүн. Үйлөнө албай тургандары орозо кармасын, анткени орозо - бул коргоочу калкан»72. Ырас, эң эле коркунучтуу жыныстык этапта жашаган кызуу кандуу жаштарга жыныстык толкундануулардын коркунучтарынан коргонуу, ден соолукту, ар-намысты сакташ учун Пайгамбарыбыздын (САВ) бул сунушунун канчалык орундуу экенин учурдун илимий фактылары далилдеп чыкты.

Орозо жана кулчулук

Аллах Таала жер жүзүн баа жеткис ырыскылары менен дасторкон сыяктуу кылып койгон. Сан жеткис көптөгөн ырыскыларды берүү менен бизге Рахман жана Рахим өтө ырайымдуу, өтө боорукер) экенин көрсөткөндөй эле, триллиондогон клеткаларыбыздын ар бирине азыктарын убагында жеткизуу аркылуу бардык нерсенин Жаратканы, Тарбиячысы экенин билдирүүдө. Мындай Аллах Таалага кулчулук менен жооп бериш керек болсо дагы, адамдар кайдыгерлик пардасынын астында жана себептер алкагында ал абал айтып турган чындыкты даана көрө албайт, кээде унутуп, кулчулук милдетин аткарышпайт. Рамазан айында орозо кармаган мусулмандар тартиптүү кошуун сыяктуу болуп калат. Өзгөчө кечке жакын Аллах Тааланын сый-тамагына чакырылгандай «Келгиле!» деген буйрукту күтүп турушкандай кулчулук мамилесин көрсөтүшөт. Ушинтип, ошол мээримдүү, боорукер Аллах Таалага чоң жана тартиптүү кулчулук менен жооп беришет. Андай болсо, өзун адаммын деп эсептеген киши ушул нарктуу кулчулукка кошулушу керек.


w w w.birge.ru

Июнь, 2012 г. №6

Ой санат

19

Кыргыздар, єз баалуулугубузду биле жїрсєк «Кыргыз түркөй, малдан башканы билген эмес» деген кептер да көп. Бирок ошол эле тоодо жүрүп, терең философияны, ден соолукка, сулуулукка кам көрүүнү цивилизацияга жеткен элден кем билген эмес. Улуттук мурасты жайылтуучу фонддун негиздөөчүсү Дастан Сарыгулов бул тууралуу айтып берди.

ЭЛЕЧЕК – КЕЛБЕТТҮҮЛҮКТҮН ПАЙДУБАЛЫ

Кыргыздар илгертеден баш кийимге өзгөчө мамиле кылышкан. Улуттук баш кийимдерибиздин бири элечек оромуна жараша 3, 5, 7, 9 ором деп бөлүнөт. Орому аз элечектерди көбүнчө үйдө жумуш кылып жүргөндө кийишкен. Ал эми орому чоңдорун сыйлуу деп эсептешип, көчүү убагында, тойлордо эл аралай кийип чыгышкан. Элечектин дагы бир сыры, муну кийген айым эч убакта башын жерге салып жүргөн эмес. Оор болгондуктан, башты дайыма түз кармоого мажбурлайт. Эң негизгиси, көчүү учурунда, келиндер көз жарып калса же тоо-таштан жыгылып, бир жерин сындырып алгандар болсо, таңылып калган жүктү чачып отурбастан, жалаяк жана шак-шак койгонго элечектин оромун жазып, айрып жиберип абалдан чыгышкан. Ошондой

эле жаш наристелер кокустан чарчап калса, кепин катары да пайдаланылган (чоңдордун сөөгүнө өтө олуттуу мамиле кылышкандыктан, аны атка артып алып кетишкен). Элечектин кулак, жаак моюндарды жаап тургандыгы, биринчиден, сууктан коргосо, экинчиден, кене, чиркейлердин чагып алышынан сактаган. Айымдарга көрк берип, бойлуу көрсөткөн элечектин мындан башка да сырлары көп.

ратпай басууга тийиш болгон. Демек, мында басуу маданияты да камтылган. Эң алгачкы чач учтуктар металл колдонула электе үлүлдүн уясынан жасалган экен.

АРКАР ТӨШТҮҮ, КЫМЧА БЕЛ, КЫЗДАРЫ СУЛУУ КЫРГЫЗДЫН

Ч АЧ Ө Р ҮМҮ Н Ө К АТЫЛГА Н СЫ РЛ А Р

Кыргыздар келинди чачына карап тандашкан. Эгерде кыздын чачы узун, калың болсо, аны дени сак, мээнеткеч жана ырыстуу кыз деп баалашып, ага куда түшүп келишкен. Чачы жакшы өспөй, суюк болсо, муну оорукчан же чачын жакшы күтө албаган жалкоо деп билишкен. Кызыктуусу, бойго жеткен кыздардын чачын 40 кылып өргөнү “кызым бойго жетти, куда түшүп келсеңер болот” дегенин билдирсе, эки өрүм чач үй-бүлөлүү дегенди, бир өрүм жесирликтен кабар берет. Жолдошунан жаңы айрылган аял чачын жайган, бул “жан дүйнөм чачырады, аска-зоом урады”дегенди билдирсе, ашын бергенден кийин “өзүмдү бекем кармаймын” деген мааниде чачын өйдөгө түйүп алган. Ал эми чач учтук болсо, дене бойду түз кармаганга жана каалгып басканга шарт түзгөн (учурда чач учтук менен бассаңыз, моделдерди артка калтырасыз). Ошондуктан мурда азыркыдай омуртка оорулары көп кезиккен эмес. Чачпак жез, коло жана күмүштөн жасалып, аны чачына таккан айым шагы-

Белдемчи кыргыздын эң байыркы жана даанышман эл экендигин далилдеген кийимдеринин бири. Анын топчусунун жоктугу, топчу пайда боло элек доордо эле энелерибиздин кийип жүргөндүгүнөн кабар берет. Кыргыз эли көчмөн калк болгондуктан, атка минүүгө ыңгайлуу, бели калыңдалып тигилип, бөйрөктү сууктан сактайт. Андан тышкары жаңы көз жарган келинкесектер үчүн белди бекем бууп, кош бойлуу кезде чоюлуп, чыгып калган курсакты тартууга алмаштыргыс кийим (азыркы курсакты тартуучу резина белдиктерди элестете бериңиз). Бел дайыма кысылып тургандыктан, кыргыздын келиндери кымча бел келишкен. Ошол эле учурда белдемчиде азыркыдай өлчөм деген жок, арык чырайына да, толмочуна да ырас келе берет. Бели менен этегине сайма сайып, кундуздун териси менен кырларын кармап койсо, өтө кооз болуп, элибиздин акылмандыгын дагы бир ирет далилдей түшөт.

ТУРУП ТӨРӨӨ КЫ РГЫЗДАН КА ЛГАН

Учурда “батыштан келген жаңы ыкма боюнча айымдар туруп көз жарып жатышат. Мындай ыкма менен төрөт жеңил болот” деп айтып жүрүшөт. А

кыргыздар илгери эле боз үйдө баканды кармап туруп төрөп келишкен. Мындай ыкмада бала өз салмагы менен ылдый жүткүнүп, энесине төрөт жеңил болгон. Жаңы төрөлгөн баланын киндиги

кесилер замат энесинин чачынын учу менен таңдайын сайгылап, аны кустуруп, май менен оозандырышкан. Бала ичтен чыгып келатканда чарайнанын суусун жутуп алган болсо, аны кусуп салат да, кийин торолгонго чейин көп куспай калат. Андан тышкары төрөттөн кийин кыргыздар баланын тонуна чоң маани беришкен. “Аны бут баспаган жерге көмүп койбосо, жаңы төрөлгөн ымыркайдын жашоосу кийин оор болуп калат” дешкен.

Ж ЕТ И АТА Б Ы Ж Е Д Н К б ы ?

“Жети атасын билбеген кул” деп айтышкан кыргыздар. Бул дагы бекеринен эмес. Биздин заманда гана илимий жактан ДНК хромосомдор 7 ата өткөндөн кийин тазаланып, бири-бири менен баш кошсо болорун аныкташса, кыргыздар муну тээ илгери эле билишкен. Жети ата өтмөйүн баш кошушкан эмес. Азыркы күндө бул нерсеге маани берип, териштирүү токтогондуктан, майып балдардын саны да күн санап өсүүдө.

Чолпон Сүйүнбаева

Кыргызстанга качан кетейин деген оюңуз бар?

Камбаралиева Жылдыз Карасуу району 20 жашта. Студентка

Бактыбек уулу Мелис жашы 19да Ош шаары, ХБК микрорайону пиццмейкер

Кыргызстанга бир жылдан кийин кетем го буюрса. Ата- энемди бир туугандарым кел, кел батырак деп, телефон чалган сайын айтышат, Жакында эле сиңдимди узаттым Кыргызстанга өзүм да кетип калгым келди кошо. Буюрса кетем го аз күндө, сагынып кетсем бүгүн да кетип кала берем.

Оо кандайсыздар, мен жакшымын. Кыргызстанга буюрса барам. Кыргызымдын чыныгы патриоту болгондуктан, туулуп өскөн жериме барып иштейм, ошол жакта жашаймын да. Көп болсо бул жакта 3 жылдай болом, анан кетем, кудайым ошол күндү буюрсун!

Жоробаев Айбек Төрөбаевич ж а ш ы 2 8 д е . А р а в а н р а й о н у. О п е р а т о р от д е л с н а б ж е н и е Саламатсыздарбы! Мекенге буюрса, август ичи кетүүгө ниет бар. Орозо ичинде же орозодон кийин да болушу мүмкүн. Орозо ичи болуусун өзүм да каалап турам. Анткени, биз жакта анын өзгөчө атмосферасы бар, бир айлык майрамдык маанай, элдердин бири-бирине конокко баруусу, бирге

ооз ачуусу булардын баары абдан позитивдүү көрүнүш. Мен ал учурларды абдан сагындым. Учурдан пайдаланып бардык момун мусулмандарды келе жаткан ыйык Рамазан айы менен куттуктаймын. Баарына Алладан ден соолук, бакыт каалаймын жана берекелүү өтүүсүн тилеймин.

Султанова Гулдаста Бишкек шаары 35 жашта кассир

Саламатсыздарбы! Кыргызстанга кудайым кааласа күзүндө жөнөп атам. Алтындарым, балдарымды, апамды аябай сагындым. Жада калса Кыргызстанымды да сагындым, өз жерим, мекенимди сагындым. Силердин гезитиңерди үзбөй окуймун. Азаматсыңар, силерге да ийгилик каалайм. Жалпы эле Москвадагы кыргыздар аман болгула!

Жороев Элдияр Баткен шаары 24 жашта сварщик Кыргызстанга буюрса, кудайым буюрган күнү кетем го. Пландарымда эмки жылы кетем деген оюм бар. Көптөгөн нерселерди бүтүргөнү келгем. Ошол иштерим буюрса ишке ашса, кетем. Учурдан пайдаланып жубайым Айгүлгө салам айтам, баламды сагындым аябай.


20

Июнь, 2012 г. №6

Мадина Жапарова 8 (915) 006 43 81 8 (925) 885 14 06

w w w.birge.ru

Студиябызда

Т о ю ң а р «БИРГЕ» студиясынын т о й г о у л а н с ы н кардарларынын эсине!

Тоюңар тойго улансын, той берген киши кубансын демекчи, биздин да тилегенибиз жакшылыктар гана. Ай сайын «Бирге» студиясынын кызматтарынан пайдаланган биздин кардарларыбыздын той-мааракерлерин сиздерге кабарлап туруу адатка айланып калган да. Май айы өзгөчө майрамдарга өтө бай эмеспи. Бул айда той-маараке өткөргөн бактылуу мекендештерибиз тууралуу кабар берүүнү уланта бермекчибиз.

Урматтуу мекендештер, «БИРГЕ» студиясынын кызматтарынан комплекстүү пайдаланган кардарлар жыл аягында өтүүчү конкурска катыша алышат. Конкурстун жеңүүчүсүнө эс алуу үчүн жолдомо берилмекчи.

ЖАРЫЯ, ЖАРЫЯ, ЖАРЫЯ!!! Тамашалуу роликтерге (скетч-шоуга) актер, актриса болууну каалаган таланттуу жаштарды тартылууга чакырабыз. Ошондой эле мыкты сценарийлерди кабыл алабыз.

8 (915) 006 43 81 8 (925) 885 14 06

3-июнь күнү Нурик менен Роза Кыргызстанда болуп жаткан тойлордон кем эмес той беришти. Ата-бабаларыбыздын салтын унутпай баарын орду ордуна коюп, күйөө балдар чогулуп, кайын журтуна барып, ийиле салам берип, Роза тарап чоң себетин балдарга даярдап, Нурик лимузин менен алып кетти. Лимузинден лимузин тандап, күндүз күндү кечке достору, жакындары менен тойлошуп, кечкисин сыйлуу конокторду кафеге чакырып, алардын батасын алып чогуу жашоосун башташты. Биз эмне демекчибиз, НУРИК жана РОЗА КӨШӨГӨҢӨР КӨГӨРСҮН, БАКТЫЛУУ БОЛГУЛА!!!

24-июнда Токтали аке менен Жамал эже ата-энелик парыздарын аткарып уулу Темирланга сүннөт той берди. Баланын туулганына эмес турганына сүйүн дегендей, Темирлан чуркап жүргөн кези. Биз да ТЕМИРЛАНГА кең келечек, бактылуу балалык, өмүрлүү, кыргыздын чыгаан жигиттеринен болушун каалайбыз!


w w w.birge.ru

Кейт потратила на одежду 35000 фунтов

Жерде жанган жылдыздар

Июнь, 2012 г. №6

21

Султан Садыралиев:

«Бозо сатууну токтотуп, маданият їйїндє иштеп калдым» - Сиз дастанды жакшы айтасыз, эмнеге ырчы болуп калдыңыз? - Ойлонуп көрсөм, ошол убакта бир жерге барып дастан айтып калсам жаш кыздар, балдар көп деле көңүл бурчу эмес. Улуулар гана «ай, баракелде» деп сыйлап, алардын көңүл чордонунда болчумун. Анан эстрада жанры менен элдин жүрөгүнөн орун алып, дастан айтсам жакшы болот го деген ойлор болду. Эл таанып билип турса, мен айткан дастандар өтүмдүү болгондой сезилчү. Гүлбүбү: - Жөнөкөй адам болгуңуз келеби? Султан: - Ооба, көп ойлоном. Азыркы убакта астымда машина, үстүмдө үйүм жок. Үй-бүлө куруп, балалуу болгондон кийин көчүп жашаган жаман экен. Бир жерге барып калсаң да «үйүң жокпу?» дешет, же таксилерге түшүп калсам «машинаң жокпу?» деп сурашат. Жыл өткөн сайын уялат экенсиң.

Несмотря на многократное использование одних и тех же вещей за год герцогиня Кэтрин потратила на одежду 35 000 фунтов. Рассмотрев ее счета и одобрив выбор «рабочей одежды», принц Чарльз оплатил их полностью из бюджета королевской семьи, хотя ранее предполагалось, что за некоторые дизайнерские вещи Кэтрин придётся расплатиться самостоятельно. В отличие от других женщин королевской семьи Кэтрин не имеет личного портного и вынуждена лично заботиться о гардеробе. Чтобы снизить расходы на одежду, Кэтрин отказывается от услуг модельеров и дизайнеров и выбирает вещи сама, руководствуясь своим безупречным чувством стиля. Герцогиня не стесняется посещать магазины в сезон распродаж и не требует от персонала особого отношения к себе.

Жанна Фриске, похоже, беременна Жанна Фриске всегда с гордостью выставляла напоказ свои пышные формы и носила облегающую одежду. Однако на церемонии открытия Московского Международного фестиваля Жанна обнажила лишь плечи, тщательно скрыв талию за множеством складок летящего платья. Репортеры расценили нетипичный наряд звезды как первый признак беременности. Другим косвенным признаком интересного положения был тот факт, что Жанна впервые появилась на публике под руку с шоуменом Дмитрием Шепелевым, что подтвердило слухи об их романе.

Айкөкүл: - Беш жыл мурдагы Султан менен азыркы Султандын демин билгим келип жатат. Көтөрүлдүбү же төмөндөдүбү? - Мен силерге кечээки эле болуп өткөн окуяны айтып берейин. Подьезддин алдында турсам, бир кыз келип: «Байке, таанышып албайлыбы?»деп мага кайрылды. Жок демек белем, мен дагы каршы болгон жокмун. Аркы-беркини сүйлөшүп турдук. Бардык суроолорунда сиз деп сылык мамиле кылды. Жаш өйдөлөп бара жатканын ошондо билдим.Учурдагы Султан бир топ токтоо тартып калды окшойт. - Ал кыз Сиз менен атайын таанышууну каалаган бекен? - Ооба, менин чыгармачылыгымды сыйлап жүргөн, катардагы күйөрман кыздарымдын бири. Баарлаша келсек, анын жашоого болгон ойлонуусу башка, а меники көбүнчө турмуштук ойлор экен. Фатима: - Көп концерттерде «Жамгыр төктүнү» төгүп ырдайсыз да, анан эле кайырмасына келип калганда микрофондун башын элге сунуп каласыз. Бул сиздин кайталанып турчу адатыңызбы? - Үнүм жетпей калган жерден элге микрофонду сунам да. (Күлүп) Эки жылдан бери жандуу концерт берип келем. Албетте, жандуу ырдап жатканда кез-кезде үнүм жетпей калган учурлар болот. Бул нерсе да өзүнүн оригиналдуулугу менен башкалардан айырмаланат. Жасалма эч нерсе жок, баары жандуу, эл дагы ошону күтөт жана жакшы кабыл алат. Техника менен баарын сонун кылып жасап алып, өзүңдү көрсөтүп кыймылдаганча, кээде үнүң жетпей калып ырдаган жакшы жана сахнада эффект пайда болуп ырдап

жаткан чыгармаң ошонусу менен кызыктуу болот. Алмагүл: - Атаңыз бозо сатчу беле? - Жок. Атам эмес мен өзүм бозо сатчумун. - Анда ошол тууралуу кенен айтып бербейсизби? - Кыргызда «кайнененин камырынан» деген жакшы макал бар. Менин чоң апам бозону жакшы салчу экен. Ал мен төрөлгөн жылы каза болуп калган. Кийин апам бозо салып калды. Ошол убакта бөтөлкөгө апам куюп берген бозону дүкөндөргө алып барып таштап келчүмүн. Үйдө жалгыз атам эле 480 сом айлык алчу. Албетте, атамдын маянасы үй-бүлөбүзгө тартыштык менен жетер эле. Айылда ар ким өзүнүн жерин иштетип оокат кылышат. Биз дагы жыйырма сотук жерге жаз келгенде жүрөгү айдап, аны багып, сугарып, оруп, кампага жыйнап алгандан кийин кышы менен бозо жасап сатчубуз. Айзирек: - Биринчи маянаңыз эсиңиздеби? - Ооба, азыр да көз алдымда турат. Сегизинчи классымда Атай Огонбаевдин 100 жылдыгына катышып, 2-орунду алып, жыйырма миң сом акчалай сыйлыктын ээси болгом. Сүйүнгөнүмдөн атамды мал базарга ээрчитип барып, үйгө үч торпок жетелеп келген элем. Андан мурдагы жылы эле банкабыз жок салат жаба албай калганбыз. Ашып калган акчама апама:»Жүрүңүз, апа, базарга барып банка, аны-муну алып келип быйыл салат жабалычы»деп, ошол жылы салат жапканыбыз да эсимде. Ошондон тартып той-топурга чакыргандар четинен чыкты. Анан ойлонуп көрсөм менин жашоом чыгармачылык менен байланыштуу экенин түшүнүп, ушул тармакка ыктап калдым.

- Менин билишимче, 2005-2006-жылдары шоу-биснесте акчаны жакшы эле тапчусуз. Ошондо бир үй алганга акчаңыз жеткен жокпу, же бойдокчулук менен короттуңузбу? - Жок, үй алганга жетет болчу. Турмушта ата-энемди ыраазы кылмайын, өзүм үчүн эч нерсе сатып алгым келбейт. Ата-энеме чоң там салып бердим. Алар азыр жаңы үйдө, жаңы дүйнөдө жашашат. Атамдын 60 жылдыгында айылыма жыйырма күн гастролдоп барып, элге рахматымды айтып, атама бир темир тулпар белек кылдым. Өзүм үчүн байлык-бийлик топтогум келбейт. Кийинсем да эки-үч айда бир жолу кийинем. - Ак көңүл кишинин аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт деген макал бар го... - Ооба, ал макалды дагы келинчегим бир күндө үч жолу айтат. Бактыгүл: - Келиңчегиңиз экөөңүздөр таарыныша кетсеңиздер, кимиңиздер биринчи кечирим сурайсыздар? - Ал мени таарынткан күндө да, мен биринчи кечирим сурап, көңүлүн көтөрөм. Анткени, мен Аселди жакшы көрүп алгам. «Артисттердин жүрөгү жок болот. Алар бат эле сүйүп, бир заматта эле унутуп калат»,-деген сөздөрдү көп угам. Турмушта андай болгум келбейт. Үй-бүлөдө мен кечиримдүү болсом, келинчегимдин турмушка болгон көз карашы туруктуу. Мен таарынсам бат эле жазылып калам, келинчегимдин оңой менен таарынычы жазылбайт. Жакшы сөз айтып, жалдырап, эркелетип атып араң жазам. Кээде:»Сен мени сүйбөйт окшойсуң. Сүйгөн жүрөк бир-бирине жарым саат деген ырлар бар го?» деп сурап калсам, ал: «Ал деген ыр, бул деген жашоо»,- деп жооп берет. Мен кыялдануу менен ойлонсом, ал бүгүнкү күн менен жашайт. Жылдыз Абдыкерим кызы


22

Июнь, 2012 г. №6

Мail.Ru Агент — бесплатная программа для быстрого обмена сообщениями через Интернет, разработанная компанией Mail.ru в 2003 году. Помимо быстрого обмена сообщениями, программа поддерживает также возможности IP-телефонии, видеозвонки и бесплатную отправку SMS, а также уведомляет о новой почте, пришедшей по email. При нажатии на уведомление открывается страница с веб-почтой. Любой пользователь Mail. ru может загрузить себе программу с официального сайта. Для входа в программу необходимо использовать учётную запись в доменах @mail.ru, @inbox.ru, @list.ru, @bk.ru. Учётные записи из других доменов не поддерживаются. Сервис бесплатный. Работу голосовых сервисов Mail.Ru Агент обеспечивает Sipnet. По утверждениям компании Mail.ru, у Mail.Ru Агент 21 млн пользователей в месяц (за счёт того, что Mail.Ru Агент зачастую устанавливается на компьютер вместе с другим софтом без ведома пользователя), в одну и ту же минуту онлайн находятся более 3 млн человек. Начиная с версии 5.2, официальный клиент поддерживает протокол ICQ. В августе 2008 года Mail.ru приобретает российскую компанию Smape, выпускавшую один из самых популярных на тот момент ICQ-мессенджеров для смартфонов - SmapeR. На основе этого продукта, в декабре 2008 года Mail.ru выпустила Мобильный Агент для смартфонов, работающих под управлением операционной системы Symbian. 29 июля 2010 года версия Mail.Ru Агента разработана для операционной системы Android. Начиная с версии 5.8 (от 21 апреля 2011 года), официальный клиент начинает поддерживать частично протокол XMPP (Jabber), таким образом стали доступны такие социальные сети и службы обмена мгновенными сообщениями как В Контакте, Одноклассники.ru, Facebook, Google Talk, Я.Онлайн, QIP, LiveJournal и др. В версии 5.9 произошла интероперабельность протоколов на стороне серверов Mail.Ru Агента и ICQ — пользователи Mail.Ru Агента могут добавлять в свои списки контактов пользователей ICQ и наоборот. Пока данная функция работает в тестовом режиме. Внутренний протокол обмена данными Mail.Ru Агента является частично открытым. В частности, в документации протокола нет описания VoIP-звонков и игр. К тому же, описание протокола не обновляется в соответствии с действующей версией протокола между официальным серверным и клиентским ПО. В настоящее время уже разработаны версии мессенджера для почти всех популярных платформ — Windows, Mac OS, Java, Windows Mobile, Symbian, iPhone и Android. Кроме того, существует специальная версия Mail.Ru Агента, не требующая установки и работающая прямо в браузере в почтовом сервисе или социальной сети портала — Веб-Агент. Функции программы Мгновенный обмен расширенными текстовыми сообщениями, а также: Возможность вставки графических смайликов (34 анимированных ко-

ИНтерНЕТ

w w w.birge.ru

Мail.Ru Агент

лобка, 42 статических, 32 анимированных маленьких, 32 статических продвинутых, 54 анимированных больших, 6 анимированных котов, 9 для дня Всех Влюблённых, 15 в честь Международного женского дня) и Flash-мультов (30 шт.); Проверка орфографии в сообщениях; Публикация коротких сообщений (до 500 символов) по типу «что я сейчас делаю» (функция «Микроблогинг»); Отправка сообщений нескольким контактам; Конференции — одновременная переписка между тремя и более контактами; Отправка контактов; Отправка бесплатных текстовых сообщений на мобильные телефоны; Звонки на телефоны непосредственно из программы; Видео- и аудиозвонки контактам; Отправка и приём файлов (до 4 Гб); Интеграция с: Проектами Mail.ru: Онлайн-игры — 88 мини-игр, 43 клиентских игр, 31 браузерная игра, 778 простых игр, 136 игр для PC; Электронная почта (@mail.ru, @ list.ru, @bk.ru, @inbox.ru); Микроблог и другие. ICQ; Одноклассники; ВКонтакте; Facebook; Google Talk; Я.Онлайн; QIP; Поиск новых контактов: По анкетным данным: По присутствию в онлайне; Псевдониму; Имени; Фамилии; Полу; Стране; Региону; Дню рождения (знаку зодиака). По местоположению на карте; По наличию веб-камеры. Возможность видеть статус собеседника (в отдельном окошке) и отправлять ему сообщения, не открывая полный список контактов (функция «Плавающие контакты»); Возможность найти знакомых, при наличии созданной страницы на проекте Мой Мир@mail.ru (функция «Возможно, вы знакомы»): Через общих друзей; По схожим анкетным данным: Названиям города; Названиям улицы; Номерам дома (квартиры); Названиям учебного заведения, места работы или места отдыха; И тому подобное. По переписке электронными письмами; Дополнительные учётные записи; Определение географического положения на карте; Защита от спам-сообщений; Уведомления о новой версии программы; Формирование списков видимости и игнорирования; Настройка цветовой гаммы; Поддержка операционных систем Windows 2000/XP/Vista/7 и Mac OS X

Твоя Мечта ))): Я....чья-то Нежность....чья-то Боль.... Я....чьё-то Неземное наваждение.... Кому-то....очень трудно быть со мной.... А кто-то....Молит вновь о наслажденьи.... Я....чей-то Неоконченый роман, В безумно драгоценном переплёте.... Я....чей-то Оберег и Талисман.... Сильней которых в мире не найдёте.... Я....чья-то Безответная любовь.... Что мечется порой между годами.... А...может быть....Я просто Ангел твой.... На землю посланный тебе....Богами... Статуска :-)): Ты где была?- На встрече одноклассников..! - Три дня..?- Мы вспоминали..! - Что вспоминали..? .....- Где я живу... ...SAID...$ .: КОГДА ЧЕЛОВЕК ПЛАЧЕТ-ЭТО НЕ ЗНАЧИТ,ЧТО ОН СЛАБ И СДАЛСЯ. ЭТО ЗНАЧИТ,ЧТО В ДАННЫЙ МОМЕНТ ОН ЧУВСТВУЕТ БОЛЬШЕ, ЧЕМ МОЖЕТ ВЫТЕРПЕТЬ ЕГО СЕРДЦЕ...) Жыпар Исабаева: Мен сенин суйуунду сагындым, Козундон корунуп турчу эле. Кун санап кузгудой тазарып, Турганын журогум туйчу эле. (Эски дептерден) Эльдана Боронбаева: СЕМЬЯ – это счастье, любовь и удача, СЕМЬЯ – это летом поездки на дачу. СЕМЬЯ – это праздник, семейные даты,подарки, покупки, приятные траты. Рождение детей, первый шаг, первый лепет,мечты о хорошем, волнение и трепет. СЕМЬЯ – это труд, друг о друге забота, СЕМЬЯ – это много домашней работы. СЕМЬЯ – это важно! СЕМЬЯ – это сложно! Но счастливо жить одному невозможно! Всегда будьте вместе, любовь берегите,обиды и ссоры подальше гоните,хочу, чтоб про вас говорили друзья: КАКАЯ ХОРОШАЯ Бегимай Бекемирова: Мы не ценим то,что у нас есть. Мы ценим то,чего у нас нет. И переоцениваем то,чего у нас никогда не будет.

сиво одеваемся и красимся, а на улицу выходим одеваясь скромно, зачем нам чужих мужчин своим красивым видом соблазнять?» Рахат Жолчуева: Алтын апа чоктурбочу маанайынды. Ак басыптыр апаке саамайынды.Гулго айлансын энекемдин омуру деп. Издейинчи сенин бакыт таалайынды. Алтын кумуш шуру мончок тагайынчы. Туркун тамак берип сизди багайынчы. Эмне кылсам сиз БАКТЫЛУУ болосуз. Мен ошону издеп журуп табайынчы. АПАМ АЙТАТ!!!Мага бакыт сен жылмайып кулгонун.Мандайымда сен жаркырап жургонун.Чексиз бакыт АПАН учун берекем.Сен оорубай таттуу омур сургонун. Жаным апа журогумдон сени суйом. Сен болсон мен бактылуу омур суром. Жаным АПА журогудон сени суйом.Сен болсон мен бактылуу омур суром. Дуйнодогу ЭН БАКТЫЛУУ АПА болчу.Мен оорубайм ыйлабаймын кулуп журом. КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАААНЫ: Тундук жана туштук жалпыбыз, бир эле кыргыз калкыбыз. Бир журт болуп туруп, бөлүнгөндүн не кереги бар? Түндүктүн да, түштүктүн да бир эле кызыл желеги бар. Бөлүнсөк бөөрү жеп кетет. Ынтымагы жок деп бөтөн элге ушак кеп кетет. Ынтымак бар өлкөдө ырыс болот. Бөлүнбөгөн өлкөдө алга жылыш болот. Эл журттун ажырагыс бүтүмдүүлүгү жана бир жакадан баш, бир женден кол чыгарган ички биримдиги керек бизге!!! Мунарбек Ташматов: ЗАПОМНИ!!!: никогда не ревнуй его. Если он выбрал тебя, значит, ты гораздо дороже остальных. ! Miss KG !: Девушки крутыми не бывают, девушка должна быть нежной, и похожей на маму, чтобы дарить тепло от сердца, уметь одним только взглядом успокоить сердце мужчины, вот в этом вся сила девушки.

Жийдегул Эмилбекова: Ар бирибиздин журогубуздо патриоттук сезим болуш керек. Анткени каныбызда Айкол Манас атабыздын каны бар.

Сатывалды Сайпидин уулу: Мен бактылуу уй-булоонун атасы, атакемдин тийген алкыш батасы. Мен омурдо жашасам дейм кубанып, баскан жолдун болбосо деп катасы.

ALINA @@@: ЖЕНЩИНА-ЭТО ЦВЕТОК....А МУЖЧИНА -САДОВНИК ....У САМОГО ЗАБОТЛИВОГО САДОВНИКА, САМЫЙ ПРЕКРАСНЫЙ ЦВЕТОК.................................

Gulzat Danieva: Лучший советник по жизни,-это ваше СЕРДЦЕ,-берегите его!Лучшая попутчица по жизни,- это ваша СОВЕСТЬ,не теряйте её!

Гульдана: «Странные у вас женщины, - сказала одна мусульманка , - вы можете целый час одеваться и краситься, чтобы выйти на улицу и покорять своей красотой чужих мужчин, а потом прийти домой, снять с себя все красивое, смыть косметику и лахудрой ходить перед мужем в засаленном халате и бигуди. У нас все наоборот мы перед мужьями кра-

ЖОНОКОЙ КЫРГЫЗ КЫЗЫ!!!: Ойлонуп,сансыз ойдон каарып буттум. Канча ирет мен озумо батып,тyттyм. Ойлосом,бул кундорум баары бекер.А мен деген,ушул кунду канча куттум?Чарчадым,чар тараптан келген ойдон.Чалыктым,учу бутпос,таштак жолдон.Санаанын сандыгынан арылалбай.Оо,кудай,калсам эмне бала бойдон?


w w w.birge.ru

Июнь, 2012 г. №6

Гороскоп

23

Балаўызды жылдыз белгисине карап тарбиялаўыз Жаачы-бала

Үй-бүлөдө канча бала болсо, алардын ар биринин ошончо түрдүү мүнөзү бар. Ага жараша ата-эне ар бир баласына өзүнчө мамиле жасап, тарбияны да ошого жараша берүүгө туура келет. Балаңызды жылдыз белгисине жараша тарбияласаңыз адашпайсыз.

Оң сапаттары: ачык, ак көңүл, шайыр, чынчыл, калыс, кайраттуу, максатка умтула билет, жетекчилик сапатка ээ. Терс сапаттары: чыдамы жок, акыл менен ойлонуп иш кылбайт, өзүмчүл, буйрук бергенди жакшы көрөт. Тарбиялоодо сунуштар: Ата-энеси калыс жана чынчыл болууга тийиш. Калпты жана жасалмалуулукту сезген Жаачы - бала өзүнүн ат-энесине болгон ишенимин жоготот.

Кой-бала

Оң сапаттары: энергиялуу, тырышчаак, көз карандысыз, демилгечил, күчтүү, өзүнө ишенимдүү. Терс сапаттары: тил албас, жинди чалыш, өзүмчүл, туруксуз, орой, ашыкча эле өзүнө ишенимдүү. Тарбиялоодо сунуштар: Койбаланын тубаса активдүүлүгү - такай кыймыл аракетти талап кылат, андыктан, аны тыюунун, бир аз токтоороок болууга чакыруунун пайдасы жок. Андан көрө кандайдыр бир бийик идеалга жол көрсөтүп, энергиясын ошол жакка буруп коюңуз. Букачар-бала

Оң сапаттары: айтканынан кайтпайт, туруктуу, ишенимдүү, искусствону сүйөт, чечкиндүү, эмгекчил, сабырдуу, өз алдынча. Терс сапаттары: көк, жөнөкөй, жай кыймылдайт. Тарбиялоодо сунуштар: Букачарбалаңызга эч качан буйрук бербеңиз жана аны басынтпаңыз, мындайдан эч нерсе чыкпайт. Анткени, ал жанда жок өжөр. Сүйүү менен, эркелетүү менен мамиле кылсаңыз, ал да сизди угат, сизге чын дилинен берилет. Балаңыздын жашоосун кандайдыр бир жолдор менен көңүлдүү кылганга аракет кылыңыз. Аны менен көбүрөөк сүйлөшүңүз, жаратылышка алып чыгыңыз, кызыктуу саякаттарды уюштуруңуз. Дайыма олуттуу болуу - букачар-бала үчүн оор. Бирок, балаңызга сизди башкарып алууга жол бербеңиз. Чоңойгон сайын кеңештерди бере башташы мүмкүн, эгер 1-2 жолу эле аны угуп койсоңуз, ал сизди кантип башкарып алганын өзүңүз да сезбей каласыз. Андыктан, кеңешин угуп коюңуз, бирок, ага жүз пайыз макул экениңизди билдирбеңиз. Эгиздер-бала

Оң сапаттары: дүйнө таанымы кенен, кандай гана иш болбосун, баарын жасап кете алат, бир нерсени тез түшүнүп, жооп кылат, бир эле учурда бир нече жумуш менен алектенүүгө жөндөмдүү, мамилечил. Терс сапаттары: тил албас, шашкалак, нерви жука, туруксуз, жумуштун баарын моюнуна алып алат да, жыйынтыгында, эч нерсеге жетишпейт. Тарбиялоодо сунуштар: Эгиздербаланы бир орунга кармоонун кажети жок. Катуу тартип, жазалоону бул бала өтө оор кабыл алат да, мунун айынан нерв системасы жабыркап, депрессияга чейин жетиши мүмкүн. Андан көрө анын туура эмес кылып жатка-

Текечер-бала

нын далилдөө үчүн акылга, логикага таяныңыз. Бөйөн-бала

Оң сапаттары: сезимтал, баамчыл, ой жүгүртүүсү өнүккөн, жоопкерчиликтүү, өз алдынча, камкор, боорукер, үнөмчүл, кыялкеч. Терс сапаттары: курулай шектенүүчү, жалгыз, түнт, таарынчаак, коркок, заар тилдүү. Тарбиялоодо сунуштар: Сиздин балаңызга бир гана мээрим керек. Аны катуу кармабаңыз, ага карата орой сөздөрдү колдонбоңуз жана кыйкырбаңыз. Бөйөн-бала сизден канчалык жылуу сөздөрдү көп укса, өзүн ошончолук жакшы алып жүрөт. Бирок, бөйөндөр сырткы сезимталдыгына карабай куу, митаам болот. Балаңыздагы бул сапатты эрте күндө жок кылуу үчүн куулуктун пайдасынан зыяны көп экендигин, анын ирээнжүүлөрдү алып келээрин түшүндүрүңүз. Арстан-бала

Оң сапаттары: ак көңүл, боорукер, март, меймандос, жоопкерчиликтүү, олуттуу. Терс сапаттары: менменсинген, башкалардын өзүнө көңүл буруусун талап кылган, чыргоо, жеткен өзүмчүл. Тарбиялоодо сунуштар: Аны көбүрөөк мактаңыз, эркелетиңиз. Ал деген «кичинекей мышык» эмеспи, а мышыктардын баары эркелеткенди жакшы көрүшөт. Бийкеч-бала

Оң сапаттары: токтоо, ишке берилген, майдабарат нерселерге чейин көңүл бурган, так, интеллекттүү. Терс сапаттары: эмоциясы жок, муздак, жумушка гана байланган, майдачыл, өзүнүн денсоолугунан курулай шектене берген, тынчы жок, сынчы. Тарбиялоодо сунуштар: Анын көз карашын, пикирин сыйлаганга аракет

кылыңыз. Балаңызга кыйкырбаңыз, дайыма шайыр болгонго аракет жасаңыз. Ата-эненин мактоосу, сыймыктануусу бийкеч-баланын өзүнө-өзү ишенимдүү болуп чоңоюусуна жардам берет. Эгер ата-эненин мээрими жетишсиз болсо, чоңойгондо адамдар менен тил табышуусунда маселе келип чыгат. Балаңызга үй-бүлөлүк маанилүү сырларды айтпай эле койгонуңуз оң. Тараза-бала

Оң сапаттары: мамилечил, жылдыздуу, табити жакшы, чыдамдуу, карама-каршылыкка барбайт, бардык жерде «алтын ортолукту» тап-

канга жөндөмдүү. Терс сапаттары: чечкинсиз, болбогон нерселерге тынчы кете берет, маанайы күтүлбөгөн жерден түшүп кетет. Тарбиялоодо сунуштар: Тараза-баланы мактаңыз, бирок, чектен чыкпаңыз. Болбосо ал «мага баары уруксат» деген ой менен өсүп калат. Балаңызды бул жашоо ал элестеткендей жаман эмес экендигине ишендириңиз. Жашоонун жакшы жактарын, оң жактарын көбүрөөк көрсөтүңүз. Чаян-бала

Оң сапаттары: максатка умтула билет, сабырдуу, көз карандысыз, интуициясы өнүккөн, катуу, чечкиндүү,

жоопкерчиликтүү. Терс сапаттары: бийликти сүйөт, өзүнүкүн гана туура деп эсептейт, башкаларды укпайт, кызганчаак, таш боор, кекчил. Тарбиялоодо сунуштар: Чаян-балага к атуураак тарбия керек. Аны менен тил табышуу кыйыныраак, анткени, ал тубаса козголоңчу. Чаян-баланы кичинесинен чыдамдуулукк а, алсыздарды аёого, кечиримдүүлүккө, эмоциясын к армаганга үйрөтүп тарбиялоо зарыл.

Оң сапаттары: эмгекчил, максатка умтула билет, жоопкерчиликтүү, баш ийгенди да, башкарганды да билет, туруктуу. Терс сапаттары: зериктирме, кызганчаак, эсепчил, жалгыздыкка жакын, бийликти сүйөт. Тарбиялоодо сунуштар: Текечер-баланы шаштырууга болбойт, жөндөмү жок ишти зордоп аткартпоо керек. Балаңызды өжөрлүгү жана жай кыймылдаганы үчүн урушпаңыз. Текечер-баланы дээрлик тарбиялаштын деле кереги жок. Табиятынан берилген акылдуулугунан жашоодо туура жолду ал өзү эле тандап алат. Негизгиси - аны басынтпоо керек. Суукуйду-бала

Оң сапаттары: көз карандысыз, оригиналдуу, ойлоп тапкыч, мамилечил, туруктуу, чындыкты издөөдө айтканынан кайтпайт, гуманист. Терс сапаттары: өзүмчүл, ашыкча көп сүйлөөк, туруксуз, жоопкерчиликсиз. Тарбиялоодо сунуштар: Балаңызга кыйкырбаңыз, жазалабаңыз, дайыма аны көңүл коюп угуңуз. Интеллектуалдык деңгээлин жогорулатып, энциклопедияларды, китептерди сатып бериңиз. Бирок, үй тапшырманы аткаруусун жакшыраак көзөмөлдөңүз. Сиздин чыгармачыл кичинекейиңиз башка нерселерге алаксып, үй тапшырмасы тууралуу унутуп коюшу мүмкүн. Балыктар-бала

Оң сапаттары: ийилчээк, жумшак, сезимтал, динге жакын, ак көңүл, камкор, ар дайым жардамга келүүгө даяр. Терс сапаттары: чечкинсиз, ар кандай таасирлерге бат берилет, муңдуу, реалдуулуктан сыртка бөлүнүп чыгып кетет. Тарбиялоодо сунуштар: Балыктар-бала менен өтө жумшак жана мээримдүү сүйлөшүңүз. Бирок, аны ашыкча эле өзүнө-өзү ишенимдүүлүгүнөн арылтууга аракет кылыңыз. Дүйнөдө андан башка да адамдар бар экенин мүмкүн болушунча тез-тез түшүндүрүп туруңуз.


24

Июнь, 2012 г. №6

Сканворд

w w w.birge.ru


w w w.birge.ru

Июнь, 2012 г. №6

Ден - соолук бети

25

Анархан ЧОЛПОНОВА

дартка дабаа кеңештер Радикулит

Күнкараманын гүлүн жыйнап алып, андан бирууч алып, 0,5 литр аракка кошуп, караңгы жерге бир апта ачытасыз. Андан соң аны тундуруп алып, аны тамак алдында 30 мүнөт 30 граммдан 3 маал ичесиз.

Тамекини таштайм десениз…

100 грамм сулунун жаш чөбүн майда – майда кесип, 0,5 лирт аракка 7 күн жылуу маалда караңгы жерде тындырасыз. Чыпкалоодон өткөргөндөн кийин күнүнө 3 маал тамакка 1 саат калганда 1 аш кашыктан үзбөй ичесиз. Чылым чекпей калган күндөн тартып кычкыл, жашыл түстөгү алманы жеңиз. Ал тамекиге болгон табитти басат. 1 аш кашык бака жалбырактын чөбүн 1 стакан кайнак сууга 1 саат тындырып, күнүнө 4 маал 1-4 стакандан ичкениңиз оң. Болбосо күнүнө 2 маал эртең менен кечкисин жарым стакандан ичиңиз.

Анемия

Денеге темир жетишпегендиктен пайда болгон дарт.Темирдин көбөйтүүгө койондун, уйдун, индейканын тилин пайдалануу. Эгер мындай мүмкүнчүлүк болбосо карам, кабачок, патиссон, баклажан, шинат, абрикос, сарымсак, алча, жүзүм, мейиз, козу карын да жардам бере алат. Анемияга тоонун балы жана жаңгак миңдин бири болуп эсептелет. Эртең менен эрте ач карын экөөнүн аралашмасын жеп, 10 күндөн кийин анализ тапшырсаңыз гемоглобин көтөрүлүп калат. Бирок 10 күндүк курсту токтотуп койбостон, 2-3 ай улантып, темирдин жыйымын толуктап алуу керек.

Согончок кесилип калганда...

Картошканы сууга кайнатып, суусуна бутту жарым саатай карамаңыз. Дарылоо бүткөндөн кийин бутту жылуу сууга жууп салыңыз.

Дене шишигенде

Дене шишигенин бир нече себеби болот. Боор цирроз оорусуна чалдыкканда, бөйрөк шишип кеткенде, жүрөк ооруганда колу-буту шишийт. Ошолорго элдик медицинаны төмөндөгү чөптөрдүн курамында дары жасап берет: Жүгөрүнүн чачысы, 1аш кашыктан аралаштырып 0,5 кайнак сууга демдейт. Күнүнө 3 жолу ичет. Муундагы шишик ооруну же сары сууну уйгак жалбырагын 5 саат тартуу менен чыгарса болот.

Арпа

Элдин медицинада бойго кубат берүүчу касиетке ээ. Арпанын данын жыгач идишке салып, арыктын суусуна чылап, үстүн жаап, караңгы жайга 5-6 күн койсо бүртүк жарып көктөйт. Аны көлөкөгө жайып кургатып, талкалайт да анын 200 гр. 2 литр сууга кошуп, жарым саат кайнатып, 1саат тундуруп, чыпкалап, 150 гр. уксус кычкылын кошуп, аралаштырат. (6% алма кошулган уксус кычкылы болуусу кажет). Муну менен ашказан, ичеги карын, денедеги иритүү нерселерди, бөйрөктөгү таштын түшүшүнө жардам берет. Геморрой түйүндөрүн кетирүүгө көмөктөшөт. Күнүгө 50 гр. 4-5 жолу 2 ай ичет. Ал эми 1 кг. арпанын өнгөн данын 2 литр сууга салып, 2 саат кайнатып ваннадагы жылуу сууга кошуп, ар түрдүү тери ооруларына учураган адам жатаарда түшүп буулануусу керек. Артынан алма кошулган уксус кычкылына чайканып жатат. Муну сакайганча кайталоо керек.

Бөрү карагат

Жапайы бадал өсүмдүк. Көбүнчө тамыры, жалбырагы, мөмөсү дарылык касиетке ээ. Мөмөсү органикалык

кислоталарга-лимон, алма кислотасына, Е, С, К витаминдерге бай. Бышып жетилген мөмөсүндө, жалбырагында алколоиддер бар. Мөмөсү сергитүүчү, заара чыгаруучу дары катары пайдалангыла. Гүлдөп бүтөөрү менен жыйналган жалбырагы көлөкө жерге кургатылат. Кургатылган жалбырактын тундурмасы боор, бөйрөк ооруларына, өзөчө өттүн таш оорусуна кеңири колдонулат.

Пияз

Пиязга койдун этин кошуп жеп жүрсөңүз, өпкөңүз тазаланат. Балга кошуп көзгө сүртсө ак чел жана эт баскан көздү айыктырууга жардам берет, көрүү күчүн жакшыртат. Пияздын суусуна сыгып алып мурун көңдөйүнө тамчылатса анын ички дем алуу жолун тазалайт. Жугуштуу оорулардан сактайт. Бетке сүртсө көркүн ачат. Ошондой эле суусун кулактын ичине тамызса кирлерин тазалап, андагы жараттардын айыктырат.

Сарымсак

Көп орууга дары. Анын тутумуда филоцид, эфир май, С, В витаминдери болгондуктан ар кандай микробдорду жок кылууга жардамы тийет. Эгерде сасык тумоо тийген болсо сарымсакты боткодой кылып жанчып, дакиге ороп алып, мурундун ич көңдөйүнө коюу керек. Мурунда пай-

да болгон микробду өлтүрөт. Сарымсакты такай жеп жүрсө, өмүрдү узартууга пайдалуу таасирин тийгизет.

Л и мо н

Апрелдин аягы, майдын башында гүлдөп, мөмөсү август айында бышат. Жыгачтарда өсүндүлөрү жай-кышы жемиш берет. Лимондун жалбырагын көлөкө жайда кургатып, талкалап 1 аш кашыгын 1 литр сууга кошуп чай сыяктуу демдеп, күнүгө үч маал 30граммдан 2 ай ичсе кант диабетине эм болот. Анын ширесин сыгып алып бетке түшкөн кара так менен сепкилге жапса, кетирет. Анын күн сайын 50 гр дан 3 жолу үзгүлтүксүз 1 ай ичсе бөйрөктөгү таш менен кумду түшүрөт. Кан басымы мезгил –мезгили менен көтөрүлүп кете турган адамдар лимонду үзбөй чайга кошуп ичип жүрсө, кандын айлануусун иретке келтирет.

Сабиз

Клеткал а р д ы н өсүшүнө, ичегиге, ашкаазанга, жарага, көзүн жакшы көрүшүнө, кандын көбөйүшүнө жардам берет. 1 кичине сабизди 1 ст кайнак сууга 15 мүнөт демдеп пайдаланат. Бул жаш балдарга 1 кашыктан, чоң адамга 1 стаканды 4 бөлүп ичсе болот.

Адамдын ден соолугун талкалаган сезимдер Көрө албастар инфаркт менен оорушат

кары, кандын курамындагы канттын деңгээли төмөндөп, тамактануу бузула баштайт. Ошону менен адам өзүнүн боорун өзү оорутуп алат.

Көрө албагандык адамдын организминдеги уу менен барабар. Ал адамдын жүрөгүн жай ууланта берет. Ошондуктан, башка адамдын ийгилигин көрө албаган адамдар инфарктка кабылышат.

Зыкымдардын тамак сиңирүүсү начар болот

Зыкымдыктын айынан жапа чеккендер арабызда арбын эле болсо керек. Себеби, акчанын айынан ар кандай эмоцияга дуушар болуп келебиз. Бардык эле адамдар, айрыкча, аял заты базарга, дүкөндөргө барып кийим сатып алганды абдан жактырышат. Кээ бирлери сатып алган буюму жакпай калса, өзүн-өзү жеп, акчасына ичи ачышып абдан жаман болушат. Ошондуктан, андай зыкымдардын тамак сиңирүүсү начарлап, тез-тез эле ичи катып оорушат.

Кызганчаактар импотентке тез кабылышат

Өзүнүн оюнан кайтпаган жана майдачыл адамдар кызганчаак болушат. Жакындарын кызгануу менен алар өздөрүнө оору пайда кылып алышат. Эгерде адам аябай эле кызганып, кызганычы ашып кетсе, гормоналдык система бузулуп, импотенцияга алып келет. Себеби, кызганычтан жыныстык гормондордун иштелип чыгышы бир топ төмөндөйт.

Күнөөкөрлөр онкологиялык ооруларга кабылышат

Эгер адам өзүнүн күнөөсүн билсе, сасык тумоолорго жана вирустук инфекцияларга туруштук бере албай калат. Ошону менен катар ар бир оору анын кылган күнөөсү үчүн кудай тарабынан берилип, жазаланып аткан сыяктуу кабыл алышат. Күнөөлүү адам

өзүнүн оорусу менен алышпай да калат. Доктурлардан 30 пайыз гана жардам болот, калган 70 пайызын оорулуу өзү психологиялык жактан айыгам деп атып айыгып кетет деп бекеринен айтылып жүрбөсө керек.

Өзүн байкуш сезгендердин боору ооруйт

Эгерде адамда кандайдыр бир масе-

ле же көйгөй болуп, аны көтөрө албай, башкаларга айтып байкуштун кейпин кийгендер катуу оорушат. Себеби, «баары эле мага жаман мамиле кылышат, мени эч ким түшүнбөйт, баары жаман көрүшөт» ж.б.у.с. көрүнүштөрдөн улам адамдын организминде чоң көлөмдөгү ацетилхолин (алсыздык гормону) бөлүнүп чыга баштайт. Андан сырт-

Кызуу кандуулук адамдарды келесоо кылат

Адамдардын башында дайыма негативдүү, жаман ойлор жүрсө, ички органдары гана эмес, адамдын интеллекти да жабыр тартат. Өч алган, кызуу кандуу адамдар акыл жагынан бир аз аксашат. Адам катуу жинденип турган кезде акылга сыйбаган иштерди көп жасашат.


Баш чакма

С у д о к у

Июнь, 2012 г. №6

С у д о к у

26

w w w.birge.ru


w w w.birge.ru

Окурмандар жазышат

О Р од и н е ш е п отом . . . «Доченька, как тебя зовут? Ты чья будешь? Откуда родом?» (Атын ким? Кимдин кызысын? Кайдан болосун?). Хорошо заученные ответы отскакивают от зубов, хотя правильно выговорить длинное, да еще с несколькими “р” название нашего села было нелегко. И никого такие вопросы милых бабушек и дедушек не шокировали. И меня не удивляло, почему я должна говорить про какую-то далекую деревню, хотя родилась и живу во Фрунзе. Просто традиции у нас такие. А обвинять в трайбализме наших аксакалов было, по крайней мере, глупо. Но с некоторых пор говорить, откуда ты, стало как-то неприлично. Пытаясь любой ценой выглядеть прогрессивным, политически корректным или как у нас модно стало вставлять везде патриотом, начинаем в духе времени кричать: Я – кыргызстанка! А мне хочется, не оглядываясь и не шепотом, громко добавить: Я – с Иссык-Куля! Там, далеко от больших дорог, у подножия высоченных, тенистых гор, родились мои прадеды и деды, там в голодные военные годы бегал босиком в школу мой папа. Там в детстве мы проводили каждое лето. Там – мои корни. Таких красивых и родных мест в Кыргызстане много. И каждый вправе ими гордиться. В начале 90-х по работе объехала почти всю страну. Бабье лето в Арсланбобе, чайхана у свежего арыка в центре Оша, бархатные горы по дороге в Нарын, таласский бешбармак, который готовят, как оказалось, по-другому, чем у нас. Я люблю это разнообразие. Разные – не обязатель-

Үлгү

но плохо. Плохо, когда дети со школы делятся на южных и северных. У нас в классе кыргызов было немного, но я до сих пор не знаю, кто откуда. Плохо, когда на должность назначают по географии. Но еще хуже, когда то ли из-за страха или перестраховки начинают создавать искусственный «баланс». Иной раз жертвуя хорошими кадрами, лишь бы не обвинили в регионализме. Плохо, если не смешно, когда люди, особенно руководители, как бы оправдываясь, начинают с пеной у рта рассказывать, что у него или у нее друзья и сваты и с севера и с юга, и с запада и с востока. Это же естественно, когда ты дружишь с людьми, независимо от того, где они родились. К тому же Кыргызстан такой маленький, что у каждого найдутся если не родственники, то хорошие знакомые, близкие друзья, однокашники в разных районах страны. А дома, вдали от микрофонов, я почти уверена, те же политики или публичные люди презрительно называют друг друга «ошский» или «аркалыкский». Плохо, когда политкорректность граничит с лицемерием.

Айнура Жекше кызы

болуу

Балдарга жакшы тарбия берүүдө атаэнеси үлгү болууга тийиш. Ошондуктан ата -энелер кээ бир нерселерге көңүл буруусу керек. Үй -бүлөдө атаэне бири-бирине жылуу-жумшак мамиле кылып, сүйүү, урмат-сый, түшүнүүчүлүк жана жардамдашуу аркылуу таалайлуу турмуш куруулары керек. Анткени балдардын руханий жана психологиялык жактан чың болуусу үчүн мына ушундай үйбүлөгө муктаждык бар. Ошондуктан аял жана эркек экөөсү эки тараптан балдарынын келечегин ойлоп, мындай ийгиликке жетүү үчүн аракеттенүүсү керек. Ал эми дайыма бири-бирине каршы чыгып, урушуп-талашып жүргөн ата эненин балдары болсо, туура ой пикирге жана жакшы адаттарга ээ боло алышпайт. Андыктан ата-эне балдарынын телевизор көрүүсүнөн тартып көчөгө чыгуусу, сабактарына катышуусу, ибадаттарын аткаруусу сыяктуу бардык жүрүм-турумуна көңүл буруусу абзел.

Ата энелер бири-бирине жана балдарына жалган айтуу менен балдарын чынчыл болууга тарбиялай албайт. Ата-эне бош убактыларын эч нерсе кылбастан өткөрүү менен балдарын аракетчил жана эмгекчил кылып тарбия бере албайт. Бир адамдын китеп окууга болгон кызыгуусу да, жаш убагында чоңдорду көрүп үйрөнө турган адат экендигин эч ким тана албайт. Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кээ бир ибадаттарды үйдө аткарып, үйдү мазарга айландырбай жандандырып туруубузду эскертип өткөн. Тагыраак айтканда Пайгамбарыбыз өзүнүн төмөнкү хадистеринде: «Үйүңөрдү мазарга айландырбастан Куран окуп тургула. Куран окуган үйгө шайтан кире албайт», «Напил (кошумча) намаздарды үйүңөрдө окугула. Үйүңөр мазарга айланбасын» деп айткан. Бул хадистер мыкты тарбия берүүдө үй-бүлөнүн ролун чагылдырат. Айсулуу

Июнь, 2012 г. №6

27


28

Июнь, 2012 г. №6

Реклама

w w w.birge.ru


w w w.birge.ru

Реклама

Июнь, 2012 г. №6

29


30

Июнь, 2012 г. №6

w w w.birge.ru

Сынак

Анекдоттор конкурсу Кызыктуу АНЕКДОТ же кызыктуу окуяларды жазган окурмандардын тамашаларын гезит бетине чыгарабыз жана смс - добуш берүүгө коюлуп жеңүүчүгө белектер берилет. АНЕКДОТуңузду төмөндөгү эл. почтага жөнөтүңүз же биз менен байланышыңыз.

куттуктайбыз!!! урматтуу мекендештер жакындарыңызды майрамдары менен куттуктап, каалоо тилектериңизди гезит бетинен айтканга орун беребиз. сиздин куттуктоолоруңузду күтөбүз

8 (926) 402 45 85; 8 (925) 885 14 06 Таятам Жороев Тешебайды келе жаткан 1 - июль туулган күнү менен куттуктаймын, өмүрүңүз узун, ден-соолугуңуз чың, уул кыздарыңыздын, неберелериңиздин жакшылыгын көрүңүз, ар дайым бар болунуз! Москвадан небереңиз Айсалкын.

jamesosh@rambler.ru 8 (926) 402 45 85 О к ур м ан д ард ан ан е к д о т т ор Военкоматтын босогосунда бир сулуу ыйлап турат. Часовой сурайт: - Эмне, сүйгөн жигитиңди армияга алыштыбы? - Ооба да, алганда да бешөөнү бирдей албадыбы! - Мен сулуумунбу? - Ооба, сулуусуз. - А минтсем сулуумунбу? - Ооба, антсеңиз деле сулуусуз. - А моминтип турсамчы, сулуумунбу? - Ошентсеңиз да сулуусуз. Жолдош лейтенант, правамды бериңизчи, шашып атам, май түгөнүп жатат... Экзамен жүрүп жаткан учур, мугалим студенттерден сурап жатат: -Экзаменге даярсыңбы? -Даярбыз. -Анда эмесе, билетте эки суроо гана берилет, эки суроого так жооп берсеңер, экзаменден өтөсүңөр! Кана киминер даярсынар?-деп мугалим экзамен ала баштайт. Аңгыча адыраңдап Акматов Канат доскага чыгат. Мугалим: -Фамилияң ким? -Акматов. -Атың ким? -Канат. Канат сүйүнүп кол чаап жиберет. Мугалим Канатты карап таң калып:-Сага эмне болду?.. Аябай сүйүңдүн го? -Кудайым буйруса, эки суроого тең жакшы жооп бердим. Эжей мен экзаменден өттүм да- деген экен. Эки студен ачка болуп, акчалары жок эмне кылышаарын билбей жолдо кетип бара жатышса, алдынан эки мас чыгат: -Биз ачка жүрсөк бул экөөнү кара аракка тоюп алышкандарын деп жиндери келет. Аңгыча болбой эле, мастардын бирөөсү кусуп жиберет. Студенттердин бири: -Фу, жүрөктү айланткан десе. Экинчи студент: -Бол тез кашык алып кел, ысыгында жеп алалы. Бир семиз, бир арык чымындар сүйлөшүп атышат: Арыгы: -ого.. семизидигиң укмуш ко... кимдикинде жашайсын? -Министрдикинде. Тамагыңа конуп койсом эле, тамактын баардыгын төгүп коет. Ошону жеп эле семире берем. -Өзүңчү мынча тыртайып арыксын? -Сеники жыргал экен. Мен студенттердин общагасында жашайм. Алардын тамагына түшүп кетсем, мени кошо жутуп ала жаздашат анан озунан мени жалап-жуктап жерге таштап салышат. Сапсая түшкөн Бакиев чач тарачты алдырат. Тигиниси кайчысын шакылдатып чач тегиздеп атып эле «Текебаев, Текебаев...» деп коёт дейт. Бакиев көзүн алайтып карап койсо токтоп калат. Бир маалда кайра эле чачтарач «Текебаев, Текебаев...» дейт. Бакиев жини келип: - Өй, үка, неле Текебаев, Текебаев деп атасың эй? Чачтарач жерди карап калат дагы минтип жооп берет: - Мен канчалык Текебаев, Текебаев деген сайын сиздин төбө чачтарыңыз тик туруп, мага чач тегиздегенге өлө ыңгайлуу болуп атат... Жигит менен кыз сейилдеп жүрүп, көпкө унчукпай калышыптыр. Бир убакта, кыз жигитине: - Эмнени ойлонуп атасың? -десе, жигит: - Сен ойлоп жатканды. -дейт экен. Кыз: - Ай, уятың жок немесиң го! -дептир Чек арадан өгүз жетелеп бараткан аксакалды көрүп солдаттар аксакалдын кыжырына тийиш үчүн: -Аксакал жетелеп баратканыңыз эмне - деп сурашыптыр. Анда аксакал: - Бул студент дептир. Солдаттар таң калып коюңузчу аксакал бул өгүзгө дешсе. Аксакал: -Өгүз Бишкекте окуп жүрөт бул студент, студент деп өтүп кеткен экен.

Апабыз Назгүлдү 50 - жылдык юбилейи менен куттуктайбыз. Апабызга, чың денсоолук, узак өмүр, кажыбас кайрат, уулкыздарыңыздын, неберелериңиздин жанында жаркырап, жайнап балпайган байбиче болуп, ойноп күлүп атабыз менен жүрө бериңиз. 50 жаштан дагы экөөнү жашаңыз! Биздин бактыбызга ар дайым бар болуңуз! Жолдошу Нусурат, кыздарыңыз Эльмира, Венера, Динара уулдарыңыз Эрнест, Асан, Үсөн. 6 штук неберелериңиз. Ну что тебе, родная, пожелать В тот день, когда исполнилось 12? Как можно больше и уметь, и знать, Как можно чаще весело смеяться. Ты дольше не черствей душой, И лучше обучайся в школе, И глубже развивать большой Талант, а заодно и силу воли. Ты крепче всех родных люби, Легко и быстро забывай обиды, Ты чище и достойнее живи, И выше выбирай орбиты. ПАПА, МАМА

Бул жер сиздин куттуктооңуздун орду 8 915 006 43 81, 8 926 402 45 85, 8 925 885 14 06

8 (926) 402 45 85 «БИРГЕ»

сөзүн жазып жиберсеңиз болот Урматтуу окурмандар, жүрөгүңүздү кыйнаган, угаар адам таппай, айта албай жүргөн сөзүңүз болсо же социалдык темадагы жарыяңыз болсо, СМС - БИЛДИРҮҮ аркылуу жогорудагы телефон номерине жөнөтсөңүз.

БС-001 Мени силерди сагындым, Кыргызстан, кеч күзүндө барам деп жүрөм кудай кааласа. Мени күт... 8 925 0233 669 БС-002 Кыргыз жери эң соонун баардыгынан Ош сонун, Кучагы толгон ооматтка, куш келиңиз Ноокатка. Ноокаттыктар барсынарбы. Каховская метросундагы кафеге ай сайын жолугушканды унутпагыла. Биз силерди күтөбүз. 8 962 316 008 12 БС-003 Карасуулук кыздар менен таанышам. Ак-Сайдан болом. Бардык кыздарга салам! 8 926 331 99 21 БС- 004 2010-жылы бир вагондо чогуу келген Зулфияны издейм. Окуп калсаң телефон чал мага 8 967 127 14 47


w w w.birge.ru

Жарнактар

Такси. Машина менен Украинага чыгарып келебиз. Арзан баада жана ишенимдүү. Ишке уруксат кагазы, патент жана үч айлык учетко кою, узартуу. Арзан жана ишенимдүү. 8 (925) 376-80-04 Замир 8 (926) 922-47-42 Өмүр

Работа, подработка график свободный 8 926 701 57 29 Бермет

Газета зарегистрирована в Федеральной службе по надзору в сфере связи, информационных технологий и массовой коммуникаций (Роскомнадзор) Свидетельство: ПИ № ФС 77 - 44734 от 25 апреля 2011 г.

Бухгалтердин кызматы

Жеке ишкерлердин жана компания, фирмалардын бухгалтериялык, эсеп-кысап иштерине профессионал бухгалтерлер кызмат көрсөтөт. Ошондой эле, жаңы фирма, жеке ишкана ачканга юридикалык кызматтарын (регистрация жана перерегистрация юр. лиц и индивидуальный предпринимателей)

Авиабилеттер сатылат, бардык багыттарга. метро Автозаводская (первый вагон из центра), ул. Трофимова, д. 1/17 тел: 8 (926) 405 - 05 - 60

Учредитель газеты ООО «Мобильные сети» г. Москва 129110, Банный пер. д. 6, цокольный этаж.

Июнь, 2012 г. №6

8 (926) 405 05 60 8 (499) 505 50 07

Место для вашей реламы 8 926 402 45 85 8 925 885 14 06 birgekomanda@ yandex.ru

Главный редактор Джапарова Мадина Заместитель гл. редактора Нукеева Венера Дизайнер-верстальщик Узбекова Венера Менеджер по рекламе Кусаиров Улукбек

Члены ред. коллегии: Шамеев Арсен Кайыпбердиева Умай Кусаиров Улукбек Нукеева Венера Эргешбай кызы Айсалкын

к ы з бура к та м а д а

ырчы да өзү, музыкант да өзү. Сиздин тоюңузду, мааракеңизди, туулган күнүңүздү кызыктуу программада башынан аягына чейин эсте каларлык деңгээлде өткөрүп берет.

Тойлорго керектерүүчү кызматтар бар:

Кафе - ресторандар, лимузиндер, чач жасалгасы, макияж, той көйнөктөрү, ырчылар, бийчилер, тамадалар, фото жана видео операторлор дагы башка кызматтар.

8 (915) 006 43 81 8 (925) 885 14 06

8 (925) 202 44 03

Принимаем строчные рекламы по 100 рублей

8 926 402 45 85 8 925 885 14 06 birgekomanda@ yandex.ru

Газета не несет ответсвенности за содержание рекланых объявлений и сообщений информационных агенств. Мнения авторов могут не совпадать с мнением редакции.

31

Квартирант алам. Полежаевская метросуна жакын жерде. Тазалыкты сактаган, кв. платаны убагында төлөгөн, ичпеген, ыймандуу адамдарды алам. Бардык шарты бар.

8 (925) 885 14 06

Бул жер сиздин рекламаңыздын орду 8 (915) 006 43 81 8 (925) 885 14 06

Адрес редакции: г. Москва Банный переулок дом 6 +7 (926) 402 45 85 для отправки письмо birgekomanda@yandex.ru www.birge.ru

Газета отпечатано в ОАО «Московская газетная типография» Заказ № 2371 Тираж: 10 000


32

Июнь, 2012 г. №6

Реклама

w w w.birge.ru


Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.