Page 1

Бакытбек ЖЕТИГЕНОВ:

СОТТОРДУ ТАНДОО КЕЎЕШИ ИШЕНИМДИ АКТАГАН ЖОК 3

Мугалим 8 жашар окуучуну тиштеп алган

8

Жаратканым жар болсун!

Коомдук–саясий гезит •

aybatkg@mail.ru •

¹ 53 • 15-íîÿáðü, 2013

Депутат Исмаил Исаковдон жаўы ыкма

2

УРМАТТУУ ОКУРМАН! "АЙБАТ" гезитине жазылуу башталды!

Жазылуу почта кызматын кошкондо:

«КУМТЄР» ДЕП ТЄШЇН КАККАНДАР, ЭМИ ЭМНЕ ЇНЇН БАСЫП ТУРАТ? 5

АТАЙ ЄМЇРЗАКОВДУН ПОРТМОНЕСИН ТААП АЛГАН АЯЛ… 9

ЫЙМАНДЫН ШАРТТАРЫ (АМАНТУ) 12

- 1 айга – 49 сом 50 тыйын - 3 айга – 148 сом 50 тыйын - 6 айга – 297 сом 00 тыйын Жазылуу республиканын, бардык почта бєлїмдєрїндє чектєєсїз жїргїзїлєт.

СЇЙЇКТЇЇ ГЕЗИТИЎИЗГЕ ЖАЗЫЛЫЎЫЗ!

Жазылуу индекси: 68546

КЫШ ЖАКЫНДАДЫ, ЧАЧЫЎЫЗГА КАМ КЄРЇЎЇЗ 13


2

АЙБАТ ПРЕСС

ДЕПУТАТ ИСМАИЛ ИСАКОВДОН ЖАЎЫ ЫКМА

КСДП фракциясынан депутат Исмаил Исаков 13-ноябрда мыйзам долбооруна добуш берїїдє фракция лидери Чыныбай Турсунбеков тарабынан мыйзам бузулгандыгын билдирип ачуу айкырык салып чыкты. И. Исаковдун айткандарына цитата келтирсек, бул учурда Ч.Турсунбеков ордунда жок депутаттар їчїн добуш берип койгон. Ал Султанов жана башкалар їчїн баскычты басты. Мыйзамды бузууга ага ким уруксат берди? Балким, президентпи?», - деди депутат, мыйзам долбоорун кайрадан добушка коюуну талап кылуу менен. Буга вице-спикер Тєрєбай Зулпукаров (КСДП), тармактык комитеттин корутундусун алуу керектигин белгиледи. Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Акылбек Султанов 14-ноябрда сессияда, 13-ноябрда єзї їчїн єзї добуш бергенин, ал кїнї сессияга катышканын айтып, калпты да чеги менен айтыш керек деп нааразычылыгын билдирди. Ушул сыяктуу айкырыкка алып келген бу мыйзам долбоору парламент тарабынан мурдараак иштелип чыккан аскердик полиция тїзїї жєнїндє мыйзам долбоору болчу. Исмаил Исаковдун мыйзам долбоору жактырылбаса эле ушинтип, ач айкырыкты салуу менен єзїнїн мыйзам долбоорун кабыл алдырууга мажбурлай береби? Муну Исмаил мырзанын жаўы ыкмасы катары бааласак болчудай... Биздин байкашыбызча И. Исаков КСДПнын фракция жыйынына катышпайт деле. Кесиптештерине таарынса деле же башка себеби болсо деле фракцияда карапайым калктын маанилїї маселелери каралат да. Анда не Исаков мырза катышып пикирин билдирбейт. Же єз мыйзамым їчїн єгїздєй кїчїм бар дегениби?

ТРАНЗИТ БОРБОР БОЮНЧА НОТА АКШ ЭЛЧИСИНЕ ТАПШЫРЫЛДЫ “Манас” аба майданындагы Транзиттик жїк ташуучу борборду Кыргызстандан чыгаруу боюнча нота АКШ элчисине тапшырылды. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев элчи Памела Спратлен менен жолугуп, борбор боюнча эки тараптуу келишим келерки жылдын 11-июлунда кїчїн жоготоорун билдирди. Транзиттик борборду мурда сїйлєшїлгєн мєєнєттєн жарым жыл эрте чыгаруу тууралуу чечим парламентте кабыл алынган болчу. Кийин бул тууралуу жарлыкка президент кол койгон. Нотаны тапшырып жатып министр Абдылдаев Кыргызстан антитеррордук кїрєшкє єз салымын кошуп келатканын, АКШ менен ар тараптуу кызматташтык мындан ары да улана берээрине ишене турганын айтты. 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы ири теракттан кийин НАТО Ооганстанда антитеррордук операциясын баштаган. Ага катышкан учактарды тейлєє їчїн Бишкектин “Манас” аэропортунда база ачылган. Учурда бул базада миўдей АКШ аскери кызмат єтєйт. Ижара акысы їчїн америка єкмєтї жыл сайын Кыргызстанга 60 миллион доллар тєлєйт.

НАРЫНДА МЕКЕМЕЛЕРДИ МЕНЧИКТЕШТИРИП АЛГАНДАР КЄП Биздин облус республикада сарык оорусу боюнча рекорду жараттык. Айрымдары муну биз ооруну кєп аныктап жатабыз деп билдиришїїдє. Макул кєп аныктап жатабыз. Бирок жыйынтык чыкпай жатпайбы, деди єкмєттїн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу єкїлї Канатбек Муратбеков облустук алкакта єткєрїлгєн кєп секторлуу комитеттин отурумунда. «Кемчиликтерди моюнубузга албайбыз. Азыр бир мектептин директорун кызматтан алалы десек болду, ар кайсы жактан аны колдоп чыга калышат. Ошондуктан бизде мекемелерди он жылдап менчиктештирип алган жетекчилер бар. Ал эми эл болсо айылдардан келип, дарыгерлерге кєрїнє албай жїрїшєт. Жан айласы їчїн ооруган адам дарыгерлерге кїнкор болот экен да. Ал эми дарыгерлердин чай ичип олтургандары эмне жалганбы? Демек бизде кадрларды карап чыгууга мезгил келди», - дейт ал. Облус жетекчинин баамында, кемчилик кетирген жетекчилерге айып сала берїїнїн ордуна алардын кызматтык абалдарын чечїї зарыл. Ат-Башы райондук билим берїї бєлїмїнїн башчысы Дїйшєнбек Дєєткулов айылдык мектептерде медициналык эмчи айымдардын штатын чечїї сунушун келтирди. Ал эми Кочкор райондук їй-бїлєлїк медицина борборунун башкы дарыгери Медет Жумаев єлкєдє санитардык абал оор кырдаалга кептелгендигин билдирди. Деги эле ар кандай оорулардын, анын ичинде сарыктын кєбєйїшїнє кїнєєлїї кылып медиктерди жана билим берїї кызматкерлерди тепкилей бергенден оорулар кескин азайып кетпейт. Бул жалпынын иши болушу керек. «Мисалы, азыр эмне деген гана жапайы базарлар жок. Кытайдан келип жаткан товарлардын сертификаттары белгисиз. Айылдар таза сууга таўсык. Мисалы Кочкор районунда 9 айылда таза суусу жок», - дейт М.Жумаев.

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛТЫН КЕНДЇЇ ЖЕРЛЕРИ АУКЦИОН АРКЫЛУУ ИЖАРАГА БЕРИЛДИ Кыргызстанда алтын кендїї жерлерди ижарага берїї боюнча алгачкы аукцион 12-ноябрда єткєрїлдї. Алтын бар болушу мїмкїн болгон жерлерде геологиялык чалгындоо иштерин жїргїзїї лизенциясын эки компания утуп алды. Кендерди иштетїї укугун сатуу боюнча аукцион 12-ноябрда Жалал-Абад облусунда єттї. Анын жыйынтыгында «Чаткал Голд» жана «Чаткал Лачын» компаниялары жеўїїчї болушту. Алардын бири болжолдуу тїрдє 3000 килограммдык алтын запасы бар, а экинчиси 255 килограмм запасы бар жерге ээ болушту. «Эки жерде теў алтындын запасы кєп же аз болушу мїмкїн. Бул алдын ала айтылган божомолдогон ресурстар», — деди иш-чараны єткєргєн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сєз катчысы Назгїл Кулова Kloop.kgге берген маегинде. Анын айтымында, чалгындоо иштерин жїргїзїї мїмкїнчїлїгї їчїн «Чаткал Голд» 500 миў доллардан ашык, а «Чаткал Лачын» компаниясы 100 миў доллардан бир аз ашыгыраак каражат тєлєгєн. Жалал-Абад облусунда жайгашкан «Башкы терек» алтын кени менен Аюу чачы аянты аларга байланыштуу соттук териштирїїлєр жїрїп жаткандыктан аукциондо ижарага берилген жок. Жалпысынан анда соодалашууга 15 компания катышкан.

ОШТО АЙЫЛ ОКРУГДАРДЫН БИРИНИН БАШЧЫСЫ ПАРА АЛЫП ЖАТКАН ЖЕРИНЕН КОЛГО ТЇШЇРЇЛДЇ 13-ноябрь кїнї ИИМнин Уюшулган кылмыштуулукка каршы кїрєшїї боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош облусуна караштуу Єзгєн шаарында аталган райондун айыл округдарынын биринин башчысы Б.К. аттуу жаран пара алууга шектелип колго тїшїрїлдї. Бул тууралуу ИИМнин басма сєз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, айыл округунун аты аталган башчысы Ош облусунун жашоочусун мыйзамсыз курулган гаражын сїрдїрїп салууну айтып, пара талап кылган. Пара талап кылуу фактысы Ош облустук ИИБыда катталып, пара алып жаткан жеринен айыл округунун башчысы колго тїшїрїлдї. Учурда иликтєє иштери жїрїп жатат. Жооптуу редактор: Мелис АРТЫКОВ

Гезит ээси:

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ Редактордун орун басары: Улукбек КУТМАНБАЕВ тел: 0707 56 94 88

15-ноябрь, 2013-жыл

Редакциялык жамаат: Акинай АЙДАРОВА Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА Мирбек АСАНАЛИЕВ (0777 15 99 45 Жумгал) Самара САЛАМАТОВА Рыскїл ТЫНЫБЕК кызы (03943 43679 Ыссык Кєл)

Менеджер: Чолпон АСАНОВА Тел: 0772 75 45 49

Веб-сайт: www.AIBAT.kg Веб-редактор: Бектур БАЙМОЎОЛОВ Электрондук каттар їчїн дарегибиз: aybatkg@mail.ru Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

АНТИКОРРУПЦИЯЛЫК САЯСАТТЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА КОРГОО КЕЎЕШИНИН ЖУМУШЧУ ТОБУ ТЇЗЇЛДЇ

Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеўешинин жумушчу тобунун курамы тїзїлдї. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бєлїмї билдирет.

ЖУМУШЧУ ТОПТУН КУРАМЫ ТЄМЄНКЇДЄЙ: Жунусов Бейшенбай Мамбетємїрович — Кыргыз Республикасынын Коргоо кеўешинин катчысы, жетекчи; Ахметова Нурсулу Меирбековна — Кыргыз Республикасын туруктуу єнїктїрїї боюнча улуттук кеўешинин катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана єнїгїїгє мониторинг жїргїзїї бєлїмїнїн башчысы, жетекчинин орун басары; Бекмамат уулу Темирбек — Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары, жетекчинин орун басары; Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тєрагасынын биринчи орун басары-Антикоррупциялык кызматтын директору, жетекчинин орун басары;

ЖУМУШЧУ ТОПТУН МЇЧЄЛЄРЇ: Мамыркулов Алик Бейшенович — Кыргыз Республикасынын Єкмєтїнїн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана єзгєчє кырдаалдар бєлїмїнїн башчысы; Жумакадыров Темир Курмангазиевич — Кыргыз Республикасынын Коргоо кеўешинин катчысынын орун басары; Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич — Кыргыз Республикасынын Єкмєтїнє караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын директору; Касымалиев Адылбек Алешович — Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; Їмєталиев Эмилбек Сатарович — ишкер, «Кыргызконцепт» компаниясынын уюштуруучусу (макулдашуу боюнча); Акматжанова Айгїл Аваскановна — кєз карандысыз эксперт, «Коррупциясыз келечек — Трансперенси Интернешнл Кыргызстан» єкмєттїк эмес уюмунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Насыров Алмаз Турусбекович — кєз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); Осмоналиев Кайрат Медербекович — кєз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); Пономарев Сергей Васильевич — кєз карандысыз эксперт, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеўешчиси (макулдашуу боюнча).

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №2734

Нускасы: 2000


3

УЧУРДА

РАСУЛ УМБЕТАЛИЕВ КЫРДААЛДЫ АЛГАН АКЧАСЫНА ЖАРАША «АНАЛИЗДЕЙТ» ДЕЙБИ?.. Таш ыргытсаў эксперттердин башына тийе турган заман келди. Бул да болсо заманга жараша кесип окшойт. Базарга чыгып жайдын ысыгына какталып, кыштын суугуна кылчылдап картєшкє сатып отурганча, їйїўдє жылуужумшак жатып алып, оюуўа келгенди «оттоп» коюп акча тапкан жакшы окшобойбу? Ырас, бул сєзїбїз менен жалпы эксперттердин атын булгабайлы, бирок арасында «иттин уулу Байгара» деле эксперт болуп чыга келсе, таў калбаска чара жок. Мына ушундай «эксперттердин» бири энергетика жаатында коомчулукка акыл їйрєтїп жїргєн Расул Умбеталиев деген бар. Кайсыл жерде энергетика жаатында ийгилик алып келе турган иштер болсо, терс пикирин билдирип чыга калмайы менен аты таанылган. Олуттуу тартып сїйлєп жаткандай болгону менен анын тїпкїлїктїї максаты кыргыз элинин кызыкчылыгына таптакыр каршы келип жатканы акырындык менен ачыкка чыга баштагансыды. Ал азыркы тапта єзїнїн «кєзї ачыктык» эксперттиги менен єзїнїн гана чєнтєгїн кампайтпастан Кыргызстанды сызга отургузуп, элибизди «тезек» тердирип ка-

чып кеткен Данияр Їсєновду да «багып» жатканы ачыкка чыкты. Данияр Їсєнов убагында Бакиевдердин камчысын катыра чапкандардын анабашында турган. Кыргыз элинин жонунан кайыш тилип жатышса да, «экономикабыз кєтєрїлїп жатат» дешип, єздєрї байбачадай жашап, карапайым эл кара курсактын айласын таппай калган. Анан элдин нааразычылыгы кїчєп, ал бийликти сїрїп чыкканда, эў алдыўкылардан болуп Кыргызстандан качып кеткен. Анын кєрєр кєзї болгон ємїрлїк жары Динара Исаева да кошо качкандай болду эле, кєп узабай «ажыраштым» деген кеби менен Кыргызстанга кайтып келип, «Ата-Журт» партиясынын атынан Жогорку Кеўешке депутат болуп отуруп калган. Азыр «былыгым чыгып калбасын» деген таризде парламенттеги «балык» депутаттардын катарын толуктап келет. Бирок, эски адаттарын дагы деле карматып, кимдир-бирєєлєрдї «крышовать» этип жиберїї аракеттерин таштай элек. Маселен анын жакын тууганы болгон Бек Осмонов «Брок Комур Сервис», «ТТ-Сервис» аттуу ири компанияларды жетектеп келет. Анын бул компанияларынын

негизги жумушу – кємїр сатуу менен шуулдануу болуп эсептелет. Андыктан єздєрїнїн бизнесинин ити чєп жеп єйдєлєшї їчїн жолунан чыккан атаандаштарын кандай жол менен болсо дагы белге чаап, жыгып турууну максат кылат. Мына ушул багытта ага «эксперт» чалыш Расул Умбеталиев жардамга келет экен. Умбеталиев кєз карандысыз эксперт деп аталганы менен Бек Осмоновдун айткан дегендерин анча-мынча кєбїртїп-жабыртып алып коомчулукка жар салып чыга келет экен. Анысы їчїн аз эмес акча алып турарын угуп, эмне дээрибизди билбей турабыз. Маселен, мындан бир топ убакыт мурун «Кулан» кємїрїнє байланыштуу бїтїндєй єлкєнїн кулагын тик тургузган ызы-чууну да дал ушул эксперт чалыш баштагандыгы маалым болду. Ырас Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин гана эксперт болуп чыга калган Расул Умбеталиев тажрыйбасы аз болсо да мындай чоў чууну чыгарганы анын элди ишендирїї жагынан алда канча «таланттуу» экендигин кєрсєттї. Азыр деле ар нерсени бир айтып, элдин кулагын «ушалоо» менен алек. Анын мындай «талантын»

Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу:

КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯЛЫК МАДАНИЯТ КАЛЫПТАНЫП КАЛГАН - Єлкє башчынын бул жарлыгында бир жыл ичинде бийликтин жогорку бутагындагы коррупциянын себептерин аныктап, анын бетин ачуу талабы коюлган экен. Бир жылдын ичинде ушундай ийгиликке жете алабызбы? - Бир жылдын ичинде коррупциядан арылуу же мамлекеттик мекемелерде аны жок кылуу мїмкїн эмес. Анткени, ал жакта бири-бирине ширелишип калган ири коррупциялык схемалар бар. Мисалы, чет элден келген гранттарды бєлїштїрїї мамлекеттик сатып алуу сыяктуу кєрїнїштєрдї айтсак болот. Бирок, ушундай ураандар менен тынымсыз аракеттерди жасай берсек, жыйынтык да чыгат.

- Президент Алмазбек Атамбаев бийликтеги саясый жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу тууралуу Жарлыкка кол койду. Єлкє башчынын бул жарлыгы менен алдыга койгон максаттарга жете алабызбы? - Президенттин бул жарлыгы колдоого аларлык. Кантсе да, коррупцияга каршы кїрєшїїнїн жыйынтыктары акыркы кезде билинип жатат. Бирок, биз пара корчулук менен кїрєшїїдє кескин кадамдарга барбасак, анын жыйынтыгы эл кїткєндєй болбошу мїмкїн. Анткени, элибиздин канына мындай кєрїнїш сиўип калган. Тактап айтканда, Кыргызстанда коррупциялык маданият калыптанып калган деп айтсак болот. Ошентсе да, президенттин бул жарлыгы жакшы жышаан.

баалап, Бек Осмонов айына кадимкидей эле айлык тєлєп, Расул мырзаны аткаминерлердин эле деўгээлинде багып жатыптыр. Ал эле эмес, Алматыда жашырынып жаткан Данияр Їсєновго да ай сайын єз «долясын» салып тураарын эшиттик. Мына эмесе, Бакиевдин убагында билинбеген

«талантын» эми гана туюп-билген Умбеталиев кимдердин камчысын чаап жїрєт, ыя? Балким ушундай эксперттердин ишин укук коргоо органдары иликтеп кєрєр. Расул мырза Данияр Їсєнов эле эмес, балким Бакиевдердин да камчысын байкатпай чаап келе аткан болушу мїмкїн…

Бакытбек ЖЕТИГЕНОВ, ЖК депутаты, “Ар-намыс” фракциясы:

СОТТОРДУ ТАНДОО КЕЎЕШИ ИШЕНИМДИ АКТАГАН ЖОК - Бакытбек мырза, бїгїн Сотторду тандоо кеўеши жыйынга чогулганы жатышканы маалым болду. Бул кеўештин буга чейинки ишмердїїлїгїнє кандай баа бересиз? Ишенимди актап жатабы? - Бул Сотторду тандоо кеўешинин иши боюнча коомчулукта єтє кєп сєздєр айтылып жатат. Кєпчїлїгї: «Бул кеўеш сотторду акыйкат тандабай жатат, єзїнчє эле бизнеске айлантып алышты» деген кептер айтылууда. Айтор, оў пикирлерге караганда терс

пикирлер басымдуу болуп турат. Андыктан мен бул кеўеш ишенимди актай албай жатат деп айтат элем. - Анда ушундай тандоо кеўешинин кереги барбы? - Биз башында буларды жакшы ой-тилек менен тїзгєнбїз. Тилекке каршы андай болбой калды. Сот системасын оўдошот го деп ойлодук эле. Эч кандай оўдоо болгон жок. Андыктан бул кеўештин мїчєлєрїн кайрадан артка чакыртып алууну карап жатышат. Эгерде алардын ордуна башка таза, акыйкат адам-

дарды алып келсек, балким бул кеўештин иши оў натыйжа берээр. Акинай АЙДАРОВА

Биздин укук коргоо органдары биринчи кезекте ушундай кєрїнїштєргє жол берет. Айрыкча, сот системасы. Сотторду тандоо кеўеши реформаны натыйжалуу жїргїзє алган жок. Менин пикиримде бул тармакты кайрадан реформалоо зарыл. Буга чейин сот болуп иштегендердин бирин да сот системасына жолотпош керек. Ал эми алардын ордун толтуруу їчїн єлкєдє юристтер жетиштїї эле. 15-ноябрь, 2013-жыл


4

АКЫЙКАТСЫЗДЫКТАН ТАЙЫГАНДА

ИМИШ КЕПТЕР МЕНЕН ТЫЯНАК ЧЫГАРГАН АКЫЙКАТЧЫ ИШТЕП ЖАРЫТАБЫ? Парламент залында эси ооп «кулап» тїшмєй, кєшєкєрлєнїп ачкачылык жарыялап «сулап» жатмай артистиги бар Турсунбек Акунду «кулап» калганына карабай Омбудсмендик кызматтан сїрїп таштап, ордуна Бактыбек Аманбаевдин келгенине кєп деле боло элек. Бирок, Бактыбек мырза «чї» деген эле жерден табиятынан Омбудсмендик кызматка таптакыр коошпой тургандыгын кєрсєтїп койгонсуду. Ал 11-ноябрда борбор шаарыбызда маалымат жыйынын єткєзїп, єзїнїн Саруу айылына жасаган иш сапарынын жыйынтыгын берем деп болгон деўгээлин кєрсєтїп алды. Буга чейин «Кумтєр» маселесин саясый куралга айланткан саясатчылардын кємїскєдєгї «дирижёрлугу» менен Саруу айылында, андан барып Каракол шаарында чуулгандуу, мыйзамдын чегинен тышкары чыккан митингдердин болгонун билебиз. Анда жол тозуулар, єкмєттїн єкїлїн барымтага алуу, єрттєйбїз деп коркутуу, милициянын начальнигине кол кєтєрїї єўдїї аракеттер болгон. Жыйынтыгында бир нече митингдин катышуучуларына кылмыш иштери ачылып, кїбє катары суракка чакыруулар да болуп атканы маалым. Бирок, Саруу айылына иш сапары менен барган Аманбаев кырдаалды эки єўїттєн карабай, бир эле тарабынан кєз салып келгени байкалды. Ал єзїнїн билдирїїсї боюнча жергиликтїї эл менен жолуккан. Алар азыр: «Облус жетекчиси качан куралчан милиция кызматкерлерин, же атайын кызматтын адамдарын алып келип басып калышат» деп коркуп, жарым аскердик абалда жашап жатышыптыр. Муну Омбудсмен мырза єтє чоў олуттуу кєйгєйдї таап чыккансып айтып берди. Облус жетекчиси куралдуу аскерлер менен келип басып алгыдай жоокерчилик заманы беле? Анан дагы ал буга чейин болгон нааразычылык акциясына катышкандардын 18ине укук коргоо органдары тарабынан чакыруу кагазы жиберилгенин, эгер алар єз каалоосу менен барышпаса, атайын куралдуу спецназдын балдары басып кирип, кїч менен кармап кетээрин айылдык-

тар айтып берди деп билдирет. Мына ушул себептер саруулуктардын тынчын алып, кооптонуп жашап жатышыптыр. Бул жерде Бактыбек мырза биринчи кезекте жалаў кулагы менен гана уккан маалыматтарды айтып жатат. Ал факты эмес. Экинчиден, укук коргоо органдары суракка чакырып жатса, барбай койгондорду чекесинен сылап туруш керекпи? Анан дагы Аманбаев єзїнїн алгачкы эле иш-аракетин єлкєнїн коопсуздугуна коркунуч туудурду багытында баштап алганына тан бербеске болбойт. Ал жалаў имиш кептер менен Ысык-Кєл облусу боюнча єкмєттїн ыйгарым єкїлї Эмилбек Каптагаевге жалаа жаап отурат. Адам укугун коргой турган Акыйкатчы да башка бир адамдын укугун тебелеп сїйлєйбї? Ал ушундай такталбаган билдирїїлєрї менен тынч жаткан элдин бїйїрїн кызытып, козутуп жатканын баамдабай жатабы? Жадагалса бирєєнїн короосундагы чєбї єрттєнїп кетсе дагы ошону Каптагаевден кєргїсї келет. Кайрат аттуу жигитти белгисиз бирєєлєр кармап алып, мойнуна сыйыртмак салып муунтушуптур, аны айылдыктар аман алып калыптыр дейт. Бул жерде Каптагаевдин кандай тиешеси бар? Эгерде ошондой окуя болгон болсо, ага кимдер кол салганын, эмне себептен кол салганын тактабайбы? Элдин оозунан уккан имиштер менен эле бийликтин єкїлїнє жалаа жаба бермей Акыйкатчылыкка жатабы? Анан дагы: «Каптагаев эў кєп эл жашаган Саруу айылына барып тургундар менен тил табышып, ынтымакка келип, алардын кєйгєйлєрїн угуунун ордуна карапайым эл менен эрегишип, єчєшїп, душмандашып, ал айылга соўку бир айда бир да жолу барган эмес» дейт. Кызык, Бактыбек мырза ушул айткандары їчїн жооп бере алат болду бекен? Каптагаевдин саруулуктар менен душмандашып атканын кайдан билет? Же бир ууч топ айтып койсо эле, ошондон тыянак чыгара берсе болобу? Бул тескерисинче саруулуктарды Каптагаевге каршы тукуруп жаткандык эмеспи? Анын їстїнє болуп єткєн митингдерге Саруу айылынын эли

жалпы чыккан эмес. Азыноолак гана адамдар чыккан. Анан мыйзамды бузгандар мыйзамдын алдында жооп бербеши керекпи? Укук коргоо органдары чакырса барышы керек. Єз жасаган ишине жараша жоопкерчилигин алышы керек. Тактап айтып кетели, азыркы тапта Саруу айылынын эли Бактыбек мырза айтып жаткандай кооптонуп жашап жаткан жери жок. Бардыгы кїнїмдїк тиричиликтери менен алектенип, кадимкидей эле тынчтыкта жашап жатышат. Ырас, мыйзамды бузган бир ууч топ гана кайда жашынаарын билбей, кыйпычыктап турушат. Анан мыйзамды бузгандардын оозу менен жалпы Саруулуктардын атынан сїйлєй берсе болобу? Баарынан дагы анын: «Кап-

тагаев Акаевдин учурунда ЖетиЄгїз районуна аким болуп туруп пара алып, коррупцияга аралашкан деп айтышты» деп оозумурду кыйшайбай айтып алды. Бул мыйзам алдында жооп бере турган айыптоо. Эгерде ушул маалымат чындык болсо, факты тїрїндє бар болсо гана айтышы керек эле. Эртеў: «Бактыбек Аманбаев баланчадан тїкїнчє сом пара алыптыр» деп бирєє айтып койсо, ошону чуулдатып жар салып чыксак болобу? Анан дагы Аманбаевдин айтымында соўку бир айдан бери Каптагаевдин Саруу айылына «душмандашып» жатканы їчїн нааразычылыктар токтобой жатыптыр. Демек, анда саруулуктар «Кумтєргє» эмес, Каптагаевге каршы чыгып жатышкан болуп калабы?

Анан ал сєзїнїн аягында «эл менен борбордук бийликтин ортосундагы карама-каршылыкты, тїшїнбєєчїлїктї кїчєткєндїгї їчїн єкмєттїн облустагы єкїлї Эмилбек Каптагаевди кызматтан четтетїїнї тиешелїї бийлик жетекчилерине жана жалпы коомчулукка жеткирїїнї менден суранышты» дейт. Мына эмесе! Ким чындап эле эл менен бийликтин ортосуна тїшїнбєєчїлїк жараткысы келип жатат? Балким єз ишин чала сабат тїшїнгєн Омбудсмен болуп жїрбєсїн? Балким дал ушул алгачкы иш сапарынын жыйынтыгын жалаў имиштер менен баяндап берген Омбудсменди кызматтан четтетїї керектир? Ушуну Жогорку Кеўеш ойлонуп кєрчїдєй экен…

КУБАНЫЧБЕК КАДЫРОВДУН ОЎТОЙСУЗ КАДАМДАРЫ Мурдагы ич кїптїї болгон Бакиевдердин куйруктары, 2010 – жылы єлкєгє бир топ кайгы салып кеткени эсибизде. Андагы июнь окуясы Апрель революциясына каршы уюштурулган контрреволюция экендигин, анткени контрреволюцияны алгач Бишкектин Маевка айылында баштап, андан майнап чыкпаганда кыргыз менен кыргыздын ортосунда жарандык согуш тутантып, тїштїктї Кыргызстандан бєлїп чыгып, єзїнчє республика кылабыз деп кан тєккєнїн ким жашырат. Ушундай каргашалуу контрреволюциянын алгачкы учкуну Бишкек шаарындагы Маевка айылында башталганын айттык. Ошондогу ИИМ ми15-ноябрь, 2013-жыл

нистри Кубанычбек Кадыров, єзїм билемдикке салып, милициянын курама тобун тїзїп, Маевкадагы башаламанды токтотом деп барган. Кыргызда бєдєнєнї сойсо да касапчы сойсун деген жакшы кеп бар. Мурда мындай иштерде тажрыйбасы жок, анысы аз келгенсип билиминин деўгээли да анчалык мындай иштерге жол бербей турганын ошондо далилдеген. Анын жєндємсїз, туура эмес кадамынан улам, Маевка айылындагы башаламандыкты токтото албагандыктан улам андан кийинки єлкєдєгї каргашалуу окуяларга жол ачылып кетти. Андан кийинки Ош окуясы тутанып кетти да, элдин башынан да-

гы бир кайгы каптап єттї. Оштогу окуяны кєрїп, жардамга барам деген кыргыздын эр азаматтары ак їйдїн алдына чогулган. Ошко жеткирїїгє унаа талап кылышып Жогорку Кеўештин алдына чыккан миўге чукул адамдар менен Убактылуу Ички иштер министринин орун басары Кубанычбек Кадыров Оштогу кырдаалды тїшїндїрєлїк дегенде бери жакта турган жаалданган жигиттер таш ыргытышып, єз ара чатакташып кетээрин аз калган. Демек, калк айтса калп айтпайт дегендей, Кубанычбек Кадыровдун оўтойсуз кадамдарын баары эле билишет окшойт. Бакыт БЕКТУРОВ


5

ЭКОНОМИКА

«КУМТЄРДЇН» ЭКОНОМИКАБЫЗГА ТИЙГИЗГЕН ДАГЫ БИР ТААСИРИ

«Кумтєр» ишканасынын Кыргызстандын экономикасы їчїн канчалык деўгээлде маанилїї экендигин, эбегейсиз чоў ролду ойной тургандыгын Улуттук статистика комитети дагы тастыктады. Маселен, 2013-жылдын январь айынан тарта октябрь айына чейинки эсептєєлєр боюнча єлкє ичиндеги ишканалар тарабынан 114 миллиард 632, 6 миллион сомдук єнєр-жай продукциялары єндїрїлгєн. Бул єткєн жылдын ушул маалындагы кєрсєткїчкє салыштырмалуу 30,9 пайызга кєптїк кылат. Албетте, єнєр-жай єндїрїшї алдыга карай жылганы єлкєбїздїн экономикасы їчїн єтє чоў салым экендиги талашсыз. Ал эми дал ушул 31 пайызга жакын єсїштїн 30 пайызын жалгыз гана «Кумтєр» ишканасы тїзє тургандыгын дагы Улуттук статистика комитети билдирди. Демек, бул ишкананы єзїнчє бєлїп коё турган болсок, андан башка ишканалардын бардыгы биригип келип, болгону 0,1 пайыздык гана гана єсїшкє жетишкендиги билинет. Тактап айтканда їстїбїздєгї жылдын октябрь айына чейинки эсептєєлєр боюнча єндїрїлгєн єнєр-жай продукцияларынын баасы «Кумтєрдєн» тышкары 67 миллиард 977,4 миллион сомду гана тїзєт. Демек, жалгыз гана «Кумтєрдєн» єндїрїлгєн

продукция 47 миллиарддын тегерегинде болсо, калган компаниялардын бардыгы биригип болгон 67 миллиард сомдук єндїрїш жасоодо. Бул Кыргызстандын жалпы єнєр-жайынын 40 пайызын жалгыз гана «Кумтєр» єзї камсыз кылып келет дегенди тїшїндїрєт. Мына ушул конкреттїї цифралар учурда «Кумтєр» маселесин тїрдїї себептерден улам саясый куралга айлантып алышкан саясатчыларды бир ойго сала алар бекен? Болбосо, убагында «Кумтєр» маселесин їч уктаса тїшїндє кєрбєгєндєр, єндїрїш ишинен таптакыр тїшїнїгї жоктор деле тынч жаткан элди козутуп, «келишимдерди денонсациялоо» єўдїї лозунгдары менен чыгышууда. Эске сала кетсек, «Кумтєр» боюнча тїзїлгєн келишимдерди бир тараптуу буза турган болсок, бизди алдыда эл аралык арбитраждык сот кїтїп турарын, «Центерранын» бизден бєлєк акционерлеринин бардыгы бизди сотко берерин, андан экономикабыз орду толгус жоготууларга учурарын дасыккан адистер, эксперттер айтып эле келе атышат. Жок эле дегенде экономикабыз 2,5-3 миллиард долларга зыян тартарын эскертишїїдє. Бїгїнкї кїндєгї 3 миллиард доллар тышкы карызыбызды эске алганда ага кошумча дагы ошондой эле сум-

мадагы доомат экономикабызга нагыз апаат алып келери турган иш. Бул бир жагы. Экинчи жагынан жогоруда кєрсєтїлгєндєй «Кумтєр» ишканасы мамлекетибиздин жалпы єнєр-жайынын 40 пайызын жалгыз єзї тїзїп турса, анан ал бир эле кїндє ишин токтотсо, экономикабызга экинчи жагынан катуу сокку урулбайбы? Тышкы карыз, «Центерранын» тышкы карызыбыздын кєлємїндєй эле дооматы жана ага кошулуп, «Кумтєр» ишканасынын токтошу, андан келїїчї кирешелердин кирбей калышы, їч миўден ашуун мекендештерибиздин жумушсуз калышы, анан дагы «Кумтєрдїн» эсебинен жашап жаткан 700дєн ашуун кичи ишканалардын ишинин токтошу эмне деген апаатты алып келиши мїмкїн? Балким, мына ушул єлкє їчїнєтє коркунучтуу жагдайларды эске алып, «Ата-Мекен» фракциясынын лидери, ЖК депутаты Ємїрбек Чиркешович «Кумтєрдї» улутташтырабыз деген оюнан кайтып калаар. Кантсе дагы мамлекеттин келечегин ойлойм деген саясатчы эмеспи. Андыктан, мындай маанилїї маселе ириде Кыргызстандын кызыкчылыгына жана инвестициялык климатка доо кетирбегендей болуп чечилиши абзел...

«КУМТЄР» ДЕП ТЄШЇН КАККАНДАР, ЭМИ ЭМНЕ ЇНЇН БАСЫП ТУРАТ?.. «Кумтєрдї» улутташтыруу керек», «Кумтєр» - элдики» деп кыйкырып жалпы коомчулукту дїрбєлєўгє салып келгендер эмнегедир акыркы кїндєрї демдерин ичине катып, «жуурканга» баштарын катып алгандай болуп турат. Бїгїнкї бийликке «сєйкєнєєргє» башка шылтоо табышпай, бир учурда єздєрї Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишимдерди тїзїїгє салымын кошкондор, єздєрї чалган «боткого» учурдагы бийликти кїнєєлєп, аны чалып жыгууга колдорунан келген аракеттерин жасашты. Ак їйдїн тосмосун да ашып кєрїштї, облустук администрацияны басып кєрїштї. Єкмєттїн єкїлїн єрттєйбїз деп коркутушту, милиция начальнигине кол кєтєрїштї. Єздєрїнє караштуу басылмалар аркылуу тынымсыз «Кумтєр» ырын «созолонтушуп», «улутташтырабыз», «тартып алабыз», «келишимдерди бузабыз» деп сайрап келишти. Анан дагы бїгїнкї бийлик ««Центеррага» адвокат болуп жатат» деп да «зар какшашты». Айтор, алар сыртынан «Кумтєргє» кїйїп жаткандай болгондору менен, ичтеринде эптеп эле бийликке каршы элди тукуруп, єздєрї бийликке келїїнїн аракетин кєрїштї. Анан эле акыркы 10 чакты кїндєн бери мындай «обончулардын» їндєрї тып эле басылып, тымтырстык єкїм сїргєнсїп калды. Буга эмне себеп болду? Жалпы коомчулук азыр буга тїшїнє албай туру. Кечээ жакында эле єлкє башчысы Алмазбек Атамбаев «БиБи-Си» радиосуна «Кумтєрдї» аргасыз улутташтырууга барышыбыз мїмкїн» деген билдирїїсїнєн кийин эле «сайрап» келген саясатчылардын їнї жоголду. Кыйкырып жїргєн Садыр Жапаров жок, «Кумтєр» їчїн, «заодно» жумушума барыш їчїн тосмодон секирдим» деген Кам-

чыбек Ташиев жок. Кыргызстандагы ички абалды кєбїртїп-жабыртып чет элдик басылмаларга айтып берип жїргєн Аликбек Жекшенкулов жок. Айтор бардыгы эле чээндерине эртелеп кирип кетишкендей. Ал турсун оппозициялык маанайдагы басылмалар дагы «Улутташтыруу єлкєнї жарга такайт, экономикабыз кыйрайт» маанисинде эксперттердин пикирине таянып макалаларды басууга єттї. Кызык... Кечээ эле «Улутташтыруу керек» деп кыйкырып жаткандарга эмне болду? Же, алардын максаты эптеп эле президентке карама-каршы пикир айтуу беле? Бул биринчиден. Экинчиден, бул «тєш какма» саясатчылардын кезектеги «жашынмак» оюну эмеспи? Алар «Кумтєрдї» улутташтыруудан Кыргызстан кандай жапа чеге тургандыгын абдан жакшы тїшїнїшєт. Тїшїнїп эле келишкен. Бирок, алар президент да аргасыз улутташтырууга барат деп ойлошкон эмес. Ушунун шылтоосу менен бийликти алмаштырып алсак деген эле максаттары бар болчу. Эми президент минтип айтып аткан соў, аны колдоп айтууга куру намыстары жол бербей турат окшойт. Же, адаттарынча жоопкерчиликтен качып жатышат. Кокус улутташтыруунун кесепетинен мамлекетибиз єтє чоў жоготууларга учураса «Мынакей президент єзї улутташтырам деп ушуну кылды» деп эртеў эле чыга калганга даяр турушат. Чын-чынына келгенде мындай идеяны ким биринчи кєтєрїп чыкканын, ким аргасыз кылгандыгын ойлоруна да алып коюшпайт. Бирок, алардын буга чейинки аракеттери, сїйлєгєн сєздєрї тарых барактарында жазылып калды. Аны эми єчїрє алышпайт. Эгерде улутташтыруудан мамлекетибиз жапа чеге турган болсо, карапайым эл биринчи кезекте ушул «сайракан» саясатчылардан жооп сурашы турган иш.

ЄЗЇН ЖАШ ОППОЗИЦИОНЕР САНАГАН КУНАКУНОВ ЖАНЫШ БАКИЕВГЕ КАНТИП ЖАГАЛДАНГАН?

Єз элине ок чыгарып, кырчындай жигиттерди кырдырып туруп Минскиге кире качкан Курманбек Бакиевдин «Ак жол» партиясынан депутат болгон Максат Кунакунов жїзїн єзгєртїп, єзїн жаш оппозиционер катары кєрсєтїїгє єттї. Албетте, демократиялык коомдо ар кыл пикирлер, сындар айтылып турушу керек. Буга Баш мыйзам жол берет. Бирок, «сынчынын сыўар єтїгї майрык» дегенге Кунакуновго окшогон жигиттердин баскан жолун карап отуруп ынанат экенсиў.

Мурда коомчулукка аты-жыты белгисиз жїргєн «балакайдын» ысымы 2007-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин чыкты. Максат Кунакунов «Ак жол» партиясынын тизмесине илинип, мандат тагынды. Ошондон тартып президентти, єзгєчє анын иниси Жаныш Бакиевди мактамайга єттї. Бул тууралуу кийинчерээк кеп салалы. Кунакуновдун: «Бийлик талашкан саясатчылар эле бирдемке ойлоп таап ийбесе эле, эл арасында андай ой да жок. Тескерисинче эл азыр бизге, жаўы парламентке арткан їмїтї чоў болуп турат. Биз элдин їмїтїн актаганга талыкпай эмгекте-

нїїгє даярбыз» деген билдирїїсї турмуш жїзїндє акталган жок. Тескерисинче, «ак жолчулар» элдин байлыгын четинен сатылышына кол кабыш кылышканы талашсыз. Мисалы, 2008-жылдын 11-апрелинде кыргыз-казак мамлекеттик чек ара жєнїндєгї келишим парламент элегинен єткєн. Ошол эле кїнї Ысык-Кєлдєгї тєрт пансионатты Казакстанга берїї чечимин депутаттар колдошкон. Алардын арасында Максат мырза дагы бар эле. Мына ушундай «патриоттуулук» менен пансионаттарды кошуналарга тартууланышына добуш берген Кунакуновго эми эмне дейбиз?

Эркин басылмалардын бири М.Кунакуновдун Жаныш Бакиевдин «шестеркасы» катары кызмат єтєгєнїн жазган болчу. Мында чындыктын їлїшї арбындай. Анткени Жаныш Бакиевдин мамлекеттик кїзєт кызматынын жетекчилигине дайындалышын колдогондордун бири ушул Кунакунов болгон. Ошондой эле Улуттук гвардиянын жоюлуп, анын ыйгарым укуктары кїзєт кызматына жїктєлїшїн жактап интервью берген. Анын айтымында, мындай чечим єлкєдєгї коопсуздукту жана стратегиялык маанидеги обьектилерди сактоого шарт тї-

зєт. Мындайда «но коммент» дегенден бєлєк арга жок. Убагында «Ак жолдун» камчы чабары болгон, Жаныш Бакиевге келиндей жїгїнє кызмат єтєгєн, эл байлыктарын бєтєндєргє сатууда колдоп добуш берген Кунакуновдун учурдагы бийликти сындап, оппозиция терисин жамынганга моралдык укугу барбы? Муну єзїн таразалап кєр, замандашым. Акинай АЙДАРОВА 15-ноябрь, 2013-жыл


6

АРЫБЫЗГА КЕЛЕЛИЧИ

ЧЇЧКЇРСЄК ДЕЛЕ БИЙЛИККЕ ШЫЛТАЙ БЕРЕБИЗБИ

Акыркы мезгилде чїчкїргєнїбїздї деле бийликке шылтамайды модага айландырып алдык. Бири-бирин жєєлєшїп кеткендер, бири-бирин акшыя карап койгону їчїн деле бийлик кїнєєлїї. Мисалы, «Алиби» гезитинин журналисти Адилет Айтикеев єткєндє май куюучу жайдан токмок жегенин бийликке оодара салып, саясый упай топтогусу келди эле, анын кесиптештери ошол замат ордуна коюп, анын сайраган кызыл тилинин айынан сабалганын жар салышты. Кийинчерээк Айтикеев дагы бул жерде саясый буюртмак же бийликтин катыштыгы жоктугун, кезек кїтїїдєн улам ушундай жаўжал чыкканын билдирди. Учурда журналистти сабагандар кармалып, сурак берїїдє. Соўку маалыматка караганда, бул окуяда саясат жоктугу далилденди. А.Айтикеевдин «жосунсуз жоругу» сууй электе 13-ноябрда кезектеги чуулгандуу окуя катталды. Бир катар саясатчылардын жактоочусу болуп жїргєн Икрамидин Айткуловду кечинде їйїнїн жанынан сабап, бутун сындырып кетишкени кабарланды. Муну дагы айрымдар саясатташтырып: «Буга бийлик кїнєєлїї» дегендей «жыландын башын кылтыйтышууда». Биринчиден, бїгїнкї бийлик демократиялык принциптерди бекем карманып, сєз эркиндигинин тїптєлїшїнє, коомдук коопсуздукту сактоонун їстїндє иш алып барууда. Мисалы, кылмыш чєйрєсїнє ачылган «согуш» - ириде жарандардын коопсуздугун сактоого багытталганы талашсыз. Анын їстїнє, чуулгандуу окуяларга адвокаттык кылган Айткуловду сабатуу утуш алып келбесин бийлик эў жакшы тїшїнєт.

Экинчиден, убагында Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев атаандаштарын сындырууда ушундай методду колдонгонун аны жакындан тааныгандар айтышууда. Алардын пикирине таянсак, Ж.Бакиев бийликке каршы чыккандардын эки бутун сындыруу методун колдончу экен. И.Айткуловдун сабалышында да ушундай ыкманын колдонгону кызык. Демек, муну атайылап жасалган иш десек жаўылышпайбызбы? Себеби: «Мына кєрдїўєрбї, азыркы бийлик дагы єткєн режимдин жолоюна тїштї. Адамдарды сындыра баштады» деп доомат артканга жакшы эмеспи? Муну бийликке жетсем дегенде ак эткенден так эткен, бийлик їчїн єлкєсїн жардан алыс ыргытуудан да кайра тартпаган саясый кїчтєр жасарын божомолдосок болот. Ошон їчїн, кїч тїзїмдєрї бул окуяны тыкыр иликтеп, кїнєєлїїлєрдї табышы керек. Ошондо И.Айткуловдун уртокмокко алынышы Ак їй же Кєк їйдїн кызыкчылыгындагы иш эмес экендиги аныкталат. Эгер окуяны уюштургандар жана сабагандар кармалбаса, бул єнєкєткє айланып, ушундай окуяларды бийликке шылтамай салтка айланбасына эч ким кепилдик бере албайт. «Comment.kg» сайтынын журналисти Кирилл Степанюк да белгисиз бирєєлєр тарабынан токмокко алынганын уктук. «Йе кудай, бул эки журналист анчалыкка баргыдай, кайсы ажыдаардын куйругун басты экен? » дегичекти болбой муну анын ишмердїїлїгїнє байланыштырган маалыматтар тарап кетти. Єздєрї да «атайын кызматтардын кылыгы» таризинде социалдык тармактарга балпайта эле жазып жатышты. Степанюк 1986-жылы туулган Наталя К. аттуу келин менен «ойноп» жїргєнїн анын оор жїк ташуучу авто унаа айдаган эри К.Е. билип калып, алгач колуктусун сабайт. Андан соў достору менен келип, аялынын кєўїлдєшї болгон Кирилл Степанюкту да токмоктошуптур. Эми бул дагы єзїнїн токмок жегенин ишмердїїлїгїнє байланыштыра калганына кїлкїў келет. Туура, эгерде чыны менен журналисттик ишмердїїлїгїнїн натыйжасында ур-токмокко алынып, бут тозууларга, коркутууларга тушукса андай кїйїп бышып, ар тараптан колдоо кєрсєтїїгє ашыгат элек. Чїчкїрсє эле бийликке шылтай бергенибиз болбойт го, эми...

Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу:

«АЗЫР АКАЕВ МЕНЕН БАКИЕВДИН УБАГЫНДАГЫ КАТАЧЫЛЫКТАРДЫ КАЙТАЛАЙ ТУРГАН КЕЛЕСООЛОР ЖОК» - «Алиби» гезитинин кабарчысы Адилет Айтикеевди кимдир-бирєєлєр сабап кеткендиги белгилїї болгон. Аны ошол замат эле бийликке шылтоолоп чыгышкан. Бирок, кєп узабай эле аны сабагандар эч кандай бийликке тиешеси жок жєнєкєй эле балдар экендиги билинип, азыркы тапта сурак беришїїдє. 13-ноябрда адвокат Икрамидин Айткулов белгисиз бирєєлєр тарабынан сабалгандыгы маалым болду. Анын иниси бул окуяны да атайын буйрук деп атап: «Кыргызстанда акыйкаттык їчїн кїрєшсєўєр, ушундай болосуўар» деп атат. Булар чын эле саясый буюртмакпы? - Менин баамымда азыркы тапта «маалымат согушу» жїрїп жатат. Аны эл окуп атат. Анан кимисине ишенээрин билбей баштары катып, эки анжы ойлор жаралууда. 2010-жылдагы апрель революциясынан бери карай эле Алмазбек Атамбаев Акаев менен Бакиевдин убагындагы катачылыктарды айтып келе атат. Єзгєчє саясый буюртмак боюнча. Анан ошолордун бардыгын айтып, ага каршы саясат жїргїзїп жатып, кайра ошол эле катачылыктарды кайталай турган келесоолор бул командада жок. УКМКда да, ИИМде да жок. Андыктан мен бул окуяларды саясый буюртмак дегендерге ишенбейм. Кїч органдары иликтесин, изилдесин, анан так маалымат билинет.

луш зарыл. Убагында Акылбек Жапаров койлорго паспорт бериш керек дегенде кандай шылдыўдап жатып калдык эле? Ошол убакта койлордун паспорту болгону 2 центтен айланмак экен. Азыр болсо 10 долларга бааланып калыптыр. 100 эсе кымбат болуп атабы? Эгерде ошол маалда койлорго паспорт алып койгондо, бїгїнкї кїндє биз койдун этин чет мамлекеттерге кымбат баада сата алмакпыз.

- Анда неге муну "саясый" буюртмак катары кєрсєтїїгє далалат жасап жатышат? - Бизде шашкалактаган саясатчылар кєп. Ар нерсеге єтє шашылыш баа берип жиберишет. «Поспешишь, людей насмешишь» дейт орустар. Андыктан мындай кїнєє коёрдо бир аз салабаттуу бо-

- Мындай окуяны Бакиевдин убагындагы саясый буюртмаларга салыштыргандарга кандай карайсыз? - Шашкалактаган саясатчылар адегенде эле ошону колдонушту. Албетте азыр деле Акаев, Бакиев доорунда иштегендер кєп. Бирок, президент жана саясат башка. Андыктан салыштырууга мїмкїн эмес.

СОТ ПЕДОФИЛ ДЕП АЙЫПТАЛГАН ДИН КЫЗМАТКЕРИНИН ИШИН КАЙРАДАН ТЕКШЕРЇЇДЄН БАШ ТАРТТЫ Ош шаардык соту 9 жаштагы баланы зордуктаган деп айыпталып жаткан медресе тарбиячысынын акыл-эси жайында эмес экендигин кайрадан текшерїїдєн баш тартты. Тергєє 22 жаштагы медресе кызматкери Нурсеит Калыбай уулун 9 жашаар баланы зордуктоого кїнєєлїї деп тапкан, бирок Кызыл-Жар ооруканасынын психиатрлары Калыбай уулунун акыл-эси жайында эмес экендигин билдиришкен болчу. Жабырлануучу тараптын жактоочусу анын акыл-эсинин жайында же жайында эмес 15-ноябрь, 2013-жыл

экендигин текшерїї їчїн кайрадан экспертиза жїргїзїїнї єтїндї, бирок жыйынтыгында, Ош шаардык соту жактоочунун єтїнїчїн канааттандырган жок. Соттун пикири боюнча, медресе кызматчысынын акы-эси жайында эместиги жєнїндєгї дарыгерлердин буга чейинки чыгарган чечими туура болгон. Бирок жабырлануучу тарап кызыл-жарлык психиатрлардын корутундусун негизсиз деп эсептеп жатат — алардын пикиринде, экспертиза эл аралык стандарттарды бузуу менен єткєрїлгєн. «Айыпталып жаткан

адамдын психикасынын жабырланганын далилдей турган клиникалык факторлордун бардыгы теў текшерилген эмес», — деп билдирди жабырлануучу тараптын жактоочусу Валерьян Вахитов Kloop.kgге берген маегинде. Жабырланган баланын апасы Kloop.kgге берген маегинде соттун алгачкы отурумдарында Калыбай уулунун абалы «нормалдуу эле» болгонун, бирок психиатрлардын корутундусунан кийин єзїн «таўкалыштуу» алып жїрє баштаганын айтты. «Менин оюмча, аны аутизмди имитация кылууга їйрєтїп

коюшкан. Ал акыркы эки отурумдан бери аны имитация кылып жатат. Анын жасалма, анткордук менен кылып жатканын кичинекей бала деле тїшїнєт», — деди баланын апасы. Медресенин шектелип жаткан тарбиячысынын акыл-эсинин жайында же жайында эместиги жєнїндєгї соттун акыркы чечими 19-ноябрда Ош шаардык сотунда кабыл алынат. Ош медресесинин 9 жаштагы тарбиялануучунун зордукталгандыгы боюнча иш бир жылдан бери каралып келїїдє — баланын зордукталгандыгы жєнїн-

дєгї факты 2012-жылдын жай айларынын ортосунда белгилїї болгон. Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, 9 жаштагы бала Ош медресенин тарбиячысы тарабынан бир нече жолу зордукталган. «Баланын зордукталгандыгы экспертизалар тарабынан бир нече жолу далилденди. Азыр анын буту иштебей калды», — деди жабырлануучу тараптын жактоочусу. Эгер Калыбай уулу биротоло акыл-эси жайында эмес деп табылса, анда ал камактан кутулушу мїмкїн. Айбат пресс


7

АЗЫРКЫ КЕБЕТЕ

КОРЕЙ ИНВЕСТОРУ КЫРГЫЗ ЄКМЄТЇН 23 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ДООГО ЖЫКТЫ

Москванын соода-єндїрїш палатасынын алдындагы арбитраждык сот кореялык инвестордун кыргыз єкмєтїнє койгон дооматтарын канааттандырып, инвесторго келтирилген чыгымдар їчїн 23 миллион доллар тєлєп берїїгє милдеттендирди.

1997-жылы Кыргызстанда катталган “Эркин экономикалык аймагын єнїктїрїї боюнча Борбор Азия корпорациясы”, кыргыз єкмєтї тарабынан тїзїлгєн “Бишкек” эркин экономикалык аймагы” (СЭЗ “Бишкек”) менен келишим тїзїп, СЭЗ “Бишкекке” таандык 23 гектар жерди 93 жылга ижарага алган. Бирок 2012-жылы ижарага берилген жердин 6 гектарын СЭЗ Бишкек негизсиз эле тартып алып, ага улай эле келишимдерди бир тараптуу бузуп, мыйзамсыз аракетке барды деп инвестор арча сотко арыз берген. Корея инвесторунун адвокаты Игорь Зенкин соттун чечими эмнеге негизделгенин тємєнкїчє тїшїндїргєн: “СЭЗ “Бишкектин” генералдык дирекциясынын келишимди бир тараптуу бузуп, андагы єз милдеттерин аткаруудан баш тартуусу мыйзамсыз аракет болгон. Анткени келишим эки тараптын макулдугу менен же соттун чечими менен гана бузулат деп жазылган. Буга арбитраждык сот макул болду”. Бул мїлктїк талаш - корей инвестору менен СЭЗ Бишкектин ортосунда болгон. Бирок инвестор жеке мїлктї коргой албайт деп кыргыз єкмєтїнє доо койгон. “Бир чиновниктин, керек болсо чиновник эмес чарбалык эле уюмдун башчысынын акылга сыйбаган аракетти єкмєттї кыйчалыш абалга такап койду. Анын мыйзамсыз чечиминин айынан єкмєт корей инвесторуна 23 миллион доллар тєлєп бериши керек болуп калды. Бизде кєп жетекчилердин укуктук билими тємєн, анан алар кєп учурда электоратка жагабыз деп саясий чечимдерди

кабыл алып жатат. Кесепетинде инвестордун укугу бузулат, анан укугу бузулган инвестор адилеттик издеп сотко кайрылат да”, дейт Кыргызстандын премьерминистринин кеўешчиси Олег Панкратов.

КЫРГЫЗ ЄКМЄТЇНЄ КАРАТА ИНВЕСТОРЛОРДУН ДООМАТЫ КЇЧ АЛУУДАБЫ? Бул кыргыз єкмєтїнє карата доомат койгон инвесторлордун алгачкысы дагы, акыркысы дагы эмес. Ушу тапта кен иштеткен эки компания єкмєттї сотко бергени белгилїї. “Биринчиден мунун баары чет элдик инвесторлорго чоў чакырык болууда, талаштуу жагдайларды Кыргызстандын ичинде чечїїгє болбойт, эл аралык арбитражга кайрылыш керек деген. Экинчиден мындай кєрїнїштєр ишенимдїї инвесторлорду качырат. Эгер ушул жол менен кете берсек бизге туруктуу єнїгїї жолундагы инвестор келбейт, жалаў эле алтын казып батыраак акча табайын деген шылуундар келбесе”.

АЛ АЛДЫДА ДАГЫ КЄП СОТТУК ТЕРИШТИРЇЇЛЄР БОЛУШУ ЫКТЫМАЛ ЭКЕНИН КОШУМЧАЛАЙТ. “Албетте баардык иштерде эле инвесторлордун койгон доо-

маттары орундуу деп айтууга болбойт. Айрымдары єкмєттїк єкїлдєргє пара берип, ар кандай мыйзамсыз жолдор менен лицензияларды алышкан, айрыкча кен тармагында. Буларды азыр єкмєт кайра кайтарууга аракет кылып жатат жана бул адилеттїї аракеттер. Бирок коррупциянын болгонун арбитраждык сотто далилдєє кыйын”, - деди єкмєт башчынын кеўешчиси Панкратов Би-Би-Сиге берген интервьюсунда. Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров Кыргызстан инвесторлордун дооматына олуттуу кєўїл буруп, керек болсо президент єзї аралашышы керек пикирин айтууда: “Кыргыз єкмєтїнє доомат арткан инвесторлор кєп жана анын баарын талдап чыгуу керек. Жок дегенде убакыттан утууга болгон иштер боюнча соттошуп, ал эми утуу мїмкїнчїлїгї чектелїї болгон жагдайларда сїйлєшїїлєргє барып, сотко жеткирбей чечїї аракеттин кєрїшї керек”.

МИЛЛИОНДОРДУ ЧАПЧЫГАН ДООМАТТАР Кыргыз єкмєтїн жоопкер болгон соттук териштирїїлєрдїн саны онго чукулдайт. Буга чейин єкмєттї Petrobart Ltd комапиясы атайлап банкротко учуратты деген доомат менен арача сотко берип жеўип алган. Ошондой эле «Пинара» мейманканасынын акционерлери кыргыз єкмєтї инвестицияларды коргой албайт деп доомат арткан жана жеўип алган. Ал эми Жерїй кен ишеттїїгє лицензия алган Oxus Gold компаниясы єкмєт лицензиясын чакыртып алгандан кийин сотко берип, тараптар тынчытык келишимине келген. Centerra Gold дагы салык маселеси боюнча єкмєттї сотко берип, бирок 2009-жылкы келишим тїзїлгєндєн кийин доо арызын чакыртып алган. Жол курулуш тармагындагы компания кыргыз єкмєтї келишимдеги шарттарды толук сактабайт деп 30 миллион долларга бааланган доо койгон, азырынча чечиле элек. Belokon компаниясы кыргыз єкмєтї жеке банкты улутташтырганына карат доо коюп, дооматын 50 миллиондон 100 миллион долларга чейин баалган. Бул соттук териштирїї дагы аяктай элек. Ошондой эле BTA Bank рейдерлик басып алуу боюнча кыргыз єкмєтїнє 80 миллион долларлык доомат койгон. Азыр бул иш демилгелєє алдында. Ал эми АУБтун мурдагы ээси Михаил Надель улутташтыруудан келтирилген чыгымдарын 430 миллион долларга баалап, сотко арыз берїїнї демилгелеген. Эгер бул соттук териштирїїлєр инвесторлордун пайдасына чечиле турган болсо, єкмєт тєлєй турган каражаттын жалпы суммасы 700 миллион долларды тїзєт. Ал эми инвесторлор Кыргызстандан єндїрїп алган каражаттын кєлємї 12 миллион доллардан ашкан, корей инвесторунун 23 миллион долларга бааланган доосун кошпогондо.

ДЕПУТАТКА АК ЇЙ ИЧИНДЕ ДАГЫ КУРАЛ КЕРЕКПИ?

Жогорку Кеўеш, депутаттар парламент ичинде курал алып жїрє алабы деген маселени кызуу талкуулашууда. Бир катар айым депутаттар, мырза эл єкїлдєрї кызуу кандуулукка алдырганда алардын жанындагы куралдан ок чыгып кетпейби деп чочулап, ак їй ичинде курал алып жїрїїгє тыюу салган мыйзам долбоорун даярдаган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 120 депутаттын элїї сегизинде ок атуучу курал-жарактын ар кандай тїрї катталган. Кызыгы бир эле депутаттын єзїндє 15 курал катталса, тєрт айым депутатта тапанча бар экен. Азыр депутаттар парламент имаратына эч тоскоолдуксуз эле ок атуучу курал алып кире алышат. Бирок ар кандай талаш маселеде, депутаттар колундагы куралын колдонуп, ок жаўылышы мїмкїн деген кооптонуулар айтылууда. Демилгечи депутаттардын бири Ирина Карамушкина: “Кээде керек болсо жыйындар залындагы абал дагы кєзємєлдєн чыгып кеткен учурлар болот. Депутаттар єзїн єзї кармай албай кызуу кандуулукка алдырганда колундагы куралын кандай колдонуп иет деп чоочулайм. “Курал бул жєн эле кєркємдїк їчїн эмес, андан эртеби кечби ок чыгат”, деген сєз бар го. Анын їстїнє биздин депутаттар кимден коркот? Парламент ансыз дагы кайтарылган жай!”. Жанына курал алып, жан сакчы жалдаган депутаттар аз

эмес. Парламенттин мурдагы тєрагасы брондолгон унаа тээп, жанында ондогон жан сакчыларды алып жїргєнїнєн улам укук коргоочулардын сынына кабылган. “Эл єкїлдєрї єзїн элден коргойбу же корко турган башка себептери барбы?” деп суроо салгандар дагы жок эмес. “Бул эми бир жагынан орусча айтканда “понт”. Анан экинчи жагынан корко турган жєндєрї дагы болсо керек. Эгер ак иштеп, таза жїрсєў, криминал менен аралашпасаў эмнеден коркот элеў..?"- дейт депутат Ємїрбек Абдрахманов Азыр Жогорку Кеўештин имаратында депутаттардын курал алып журїїсїнє мыйзам тыюу салбайт. Андыктан тапанчасын жаўына алып жїргєндєрї дагы бар. Мисалга, мурдагы депутат Ташиев менен депутат Сулаймановдун мушташынан кийин, Жогорку Кеўештин имаратынан 1 автомат, 10 тапанча алынганын Улуттук коопсуздук кызматы билдирген эле. Би-Би-Си кыргыз кызматы

15-ноябрь, 2013-жыл


8 Якутия:

ЖАПАЙЫ БУГУЛАР КОЛДО БАГЫЛГАНДАРЫН КОШО ЭЭРЧИТЕ КЕТКЕН

Якутияда жапайы бугулар аймактын башка жагына жер которуп баратып, єздєрї менен кошо колдо багылган бир нече совхоздордун бугуларын да кошо ээрчите кеткен. Оленекск районунун администрациясынын єкїлїнїн айтымында, жапайы бугулар бул сапар жолун єзгєртїп, їй жаныбарлары кармалган аймактан чуркап єтїшкєн. "Беркилер чуркаса, алар менен кошо биздин 1000ге жакын бугулар кошо кетиптир", -деп айтты ал. Азыр кошо кеткен бугуларды тик учуктардын жардамы менен издеп жатышат. Бийлик бул иштер їчїн 1 млн рубль каражат бєлїїгє туура келген. Эгерде аларды чарбага кайра кайтара алышпаса, тиричиликтин єзєгї болгон бугучулук болуп кєрбєгєндєй чыгым тартат. Маалыматты РИА Новости таратты.

КЫЗЫКТАР ДЇЙНЄСЇНДЄ "Мен дароо эле аялымды чакырдым. Экєєбїз саамга бири-бирибизди карап калдык да, акчаны ээсине тапшырыш керектигин тїшїндїк", -деп айтып берген Нью-Хейвен шаарынын мугалими Раввин Ноа Мурофф.

Їйдїн ээси ошол замат їстєлїн 150 долларга саткан аялга чалып, табылган акча жєнїндє билдирген. "Ал таўгалгандыктан апкаарып, алгач сїйлєй албай да калды. Акча ага мурас катары калыптыр, бул чоў сумманы тартмага катып, ошол бойдон таптакыр унутуптур", -деп баяндап берген мугалим. Эртеси кїйєєсї менен аялы тєрт баласын ээрчитип алып, акчаны ээсине жеткирип беришкен.

АЯЛДАРГА ЖАКШЫ МАМИЛЕ ЖАСАГАН МУСУЛМАН ЄЛКЄСЇН АНЫКТАШТЫ

СИРИЯЛЫК КЇРДДЄР УБАКТЫЛУУ ЄКМЄТ ТЇЗГЄНДЇГЇН ЖАРЫЯ КЫЛДЫ

Сириянын тїндїк-чыгышында жайгашкан кїрддєр убактылуу єкмєттї тїзгєндїгїн жарыя кылышты деп билдирди Франс Пресс. Билдирїї кїрддєрдїн бириккен топтору жихадисттерден бир топ жерлерди тартып алгандан кийин жасалган. Мындан мурда убактылуу єкмєттї оппозициялык жана революциялык кїчтєрдїн Сириялык улуттук Коалициясы тїзгєндїгї да маалымдалган. Кїрддєр Сирия калкынын 10%ын тїзїп, 23 миллионго чамалап барат. Алардын басымдуу бєлїгї єлкєнїн тїндїк-батышында, негизги мунай кендери жайгашкан, Тїркия менен чектешкен райондордо жашайт. Бир топ жылдар бою алар Дамаскты кїрд кыймылын басынткан саясат жїргїзїп келет деп кїнєєлєп келишет. Бирок, 2011-жылдын мартынан бери оппозиция менен Башар Асаддын режиминин каршылыктарына дээрлик катышкан жок. Сириялык армия єлкєнїн тїндїк-чыгышындагы Хасеке менен Камышлы деп аталган ири шаарларынан башка аймактарын калтырып чыгып кетти. Ошентип, регион єзїнєзї башкаруу органдарын тїзгєн кїрддєрдєн кєзємєлїнє єттї деген маалыматы таратты РИА Новости.

Комор аралдарынын Кеўеши аялдар їчїн эў мыкты шарт тїзгєн деп табылды. Мындай бїтїмдї британдык Thomson Reuters Foundation кайрымдуулук фондунун адистери чыгарды. Изилдєє жыйынтыгы бїгїн алардын сайтына жарыяланды. Иликтєєнї жїргїзгєндєрдїн маалыматына таянск, Комор аралдарында кыз-келинде министрликтин кызматтардын 20 %ын ээлейт экен. Андан сырткары никеге турганда бир топ артыкчылыктар берилиптир, эгерде жубайлар ажырашып кетсе, кыймылсыз мїлк аял кишиге калат. Мындан сырткары аялдарга мамиле жасоо боюнча жогорку рейтингди Оман, Кувейт жана Иордания ээлеген. Изилдєєчїлєр аялдарга жаман мамиле кылган мусулман єлкєлєрїнїн ана башына Египетти коюшту. Аталган мамлекетте аялдарга зордук-зомбулуктар арбын жасалат дешти, т.а. аялдарды медициналык кєрсєтмєсї жок эле "отургузушат" деп жазылган изилдєєдє. Жїрєк їшїн алган мындай кєрїнїшкє египеттик 27 млн. аял кабылыптыр.

биясы, Сирия жана Йемен келе жатат дешти эксперттер. Thomson Reuters Foundation бул иликтєєсїнє 22 мамлекетти камтыган. Маалыматты Лента.ру таратты.

ВЬТЕНАМДА ЖУБАЙЛАР БИРИ-БИРИНИН КЄЗЇНЄ ЧЄП САЛСА 1ДЕН 3 МЛН ГО ЧЕЙИН АЙЫП ТЄЛЄЙТ

Вьтенамда жубайлардын бири-биринин кєзїнє чєп салуусу боюнча жаўы мыйзам кабыл алынды. Вьтенамда жубайлардын бири-биринин кєзїнє чєп салуусу боюнча жаўы мыйзам кабыл алынды. 11-ноябрдан тарта кїчїнє кирген мыйзамга ылайык, жубайын алдаган жарандардан алына турган айып акылардын єлчємї кєбєйтїлдї. Жергиликтїї Nguoi Dua Tin гезитинин маалыматына караганда, эми вьтенамдыктар, мыйзамдуу їй-бїлєєсї бар туруп, башка бирєє менен жашап алса, же экинчи їй бїлєє кура турган болсо 1 миллиондон 3 миллионго чейин вьетнам донгун тєлєйт. (46-146 америка доллары). Мындан сырткары, ушул эле єлчємдєгї айып пул 3 муун аралыгындагы тууганчылыгы бар болгон жубайлар жана бакма баласы менен никеге турган жарандарга да тиешелїї. Жашы жете электер менен никеге турган жарандарга 500 миўден 1 миллионго чейин вьетнам донгуна (24-46 америка доллары) барабар айып акы чегерилсе, ал эми соттун мамилелерди їзїї боюнча чечимине карабай, жашы жете элек єспїрїм менен никеге тургандар 1 миллиондон 3 миллионго чейин вьетнам донгун тєлєйт. (46-146 америка доллары). Ошондой эле, жаўы мыйзам боюнча жеке кызыкчылыгы їчїн жасалма никеге турган жана жубайы менен ажырашкан жарандарга 10 миллиондон 20 миллионго чейин донг (485-970 америка доллары) айып акы салынат. Ушул эле учурда Вьтенамда 12-ноябрдан тарта дагы бир нормативдик документ иштей баштады. Ага ылайык, эми гомосексуалдар арасында нике їчїн тєлєнє турган айып акы алынып салынды. Буга чейин аталган єлкєдє бир жыныстуу нике їчїн 100-500 миў донгго (5-25 америка доллары) барабар айып акы алынып келген. Бирок, бул документ Вьетнамда бир жыныстуу никелер мыйзамдаштырылды дегенди билгизбейт. Єлкє бийлиги аларга тыюу салбайт, бирок тааныбайт дагы. Себеби, Вьетнамда бир жыныстуу никелерге мурдагыдай эле расмий катталууга уруксат берилген жок.

15-ноябрь, 2013-жыл

МУГАЛИМ 8 ЖАШАР ОКУУЧУНУ ТИШТЕП АЛГАН

Украин тили сабагы учурунда жабыр тарткан кичинекей мектеп окуучусуна кутурма оорусу боюнча текшерїїдєн єтїїгє туура келди. Украинанын областтарынын бириндеги Барбово айылындагы мектепте иштеген 50 жаштагы класс жетекчиси сабак учурунда 8 жашар окуучусунун билегинен тиштеп алган. Окуя класста украин тили сабагы жїрїп жаткан учурда болгон. Жат жазууну аягына чейин жазып бїтє албай калган окуучуну ушинтип жазалагысы келген. Тиштеп алган кыздын билегинде кєгєргєн так калган. Бактыга жараша, текшере келгенде кутурма чыккан жок. Мектепти таўгалдырган бул чыр боюнча милиция иш алып барууда. Тиштээк эжеке їчїн мектеп жамааты жана директор кечирим сурап, кыздын ата-энесин милицияга берген арызды кайра алууну, чырды сїйлєшїї жолу менен жєнгє салууну сурап жатышат деп билдирди Мукачево.net.

ФРАНЦУЗ ЖУРНАЛЫ МИНИСТР АЯЛДЫ МАЙМЫЛГА САЛЫШТЫРДЫ

ОБАМАНЫН ТЕЛЕФОН МЕНЕН СЇЙЛЄШЇЇЛЄРЇ АТАЙЫН ЧАТЫРЛАР АРКЫЛУУ КОРГОЛОТ

МУГАЛИМ ЇСТЄЛ МЕНЕН КОШО КЕЛГЕН 100 МИЎДИ ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫП БЕРДИ АКШнын Коннектикут штатында жашаган Раввин Ноа Мурофф башкаларга їлгї боло турган ишти жасаган. Ал интернеттен сатып алган їстєлдїн їйїнє киргизе албай убара болуп, айласыздан анын буроолорун чечип ажыратып, анан киргизгенге аргасыз болгон. Їстєлдїн тартмасын сууруп жатып, ар кандай кагаздар менен кошо чакан-чакан кылып таўылган 98 миў доллар таап алат. Бул туурасында ИТАРТАСС жазды.

жасаган иш сапарлары учурунда башка мамлекеттин атайын кызматтары анын телефон менен сїйлєшїїлєрїн тыўшабашы їчїн атайын чатыр колдонулат. "New York Times" газетасынын берген маалыматына ылайык, Обаманын чет єлкєгє болгон сапары учурунда, ал кала турчу мейманканадагы номерге атайын чатыр тигилет жана Обама маанилїї делген телефон сїйлєшїїлєрїн ушул чатырдын ичине кирип сїйлєшєт. Чатырдын материалдары тыштан келе турган электрондук толкундарды тозуп, тыўшоого мїмкїндїк бербейт. Ошондой эле камерага тартууга да мїмкїн эмес. Єзгєчє, чатырдын ичинен тыўшоого жолтоо боло турчу айрым їндєр чыгарылып турат. Буга чейин Обама маанилїї телефон сїйлєшїїлєрїн атайын коргоого алынган телефон аркылуу сїйлєшчї. New York Times гезитинин башка маалыматына ылайык, эми АКШнын жогорку кызматында иштеген адамдардын чет єлкєгє жасаган иш сапары учурундагы маанилїї телефон сїйлєшїїлєрї да атайын жабдыктын жардамы менен коргоого алынат. Ошондой эле аскер тармагында иштеген жогорку кызмат адамдары да ушундай эле коргоого алынат. Андан сырткары бул кишилердин їйлєрїндє тыўшоого мїмкїн болбогон чакан бєлмєлєр да жасалат.

Мындан сырткары Египетте аялдар бийлик бутактарындагы кызматтарга коюлбаган. Thomson Reuters Foundation абал 2011-жылдагы ыўкылыптан кийин дагы оордошуп кеткендигин билдирет. Хосни Мубаракты алып тїшкєнгє чейин Египет парламентинде кыз-келиндердин їлїшї 12%ды тїзсє, азыр болгону 2%. Египет менен катарлаш Ирак, Сауд Ара-

Обама чет єлкєгє чыкканда анын телефон менен сїйлєшїїлєрї башкалар тарабынан тыўшалбашы їчїн атайын жасалган чатырдын ичинде сїйлєшєт. АКШнын президенти Барак Обаманын чет єлкєгє

Франция єкмєтї кара тїстїї министр аялды маймылга салыштыргандыгы їчїн Minute журналын сотко берїї боюнча иштерди карап жатат. Кристиан Тобиранын сїрєтї аталган журналга "Маймылдай куу" деген жазуу менен кошуп жарыялаган. Азырынча, єзї туурасындагы бул окуяга министр унчукпай турат. Тобира радикалдар тарабынан мындай чабуулга биринчи ирет кабылып жаткан жок деп жазды Би-би-си. Жакында эле Шампань-Арденны регионунун башчысына талапкер министрди бакта эмес, єкмєттє кєргїсї келгендигин айткан. www


9

ШОУ ЖАЎЫЛЫКТАР “МИСС АЗИЯ СИБИРЬ - 2013” СЫНАГЫНДА БИЗДИН КЫЗ ЭКИНЧИ ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ 10-ноябрда Красноярскда “Мисс Азия Сибирь - 2013” сынагы болуп ага Бурятия, Тува, Хакасия, Якутия, Башкирия, Казахстан жана биздин єлкєдєн баш-аягы 16 конкурсант кыз катышышкан. Бул жолу аталган конкурска Кыргызстандын намысын коргоо їчїн 19 жаштагы Гульноза Усмонова жана 21 жаштагы Элнура Дайырбекова аттуу сулуулар катышышкан. Катышуучулар биринчи єздєрїн тааныштырып, бийлеп єздєрїнїн жасап келген улуттук тамактары жана каада-салты менен тааныштырышкан. Бул сынактын негизги максаты чыгыш айымдары бир їй-бїлєнїн очогун єчїрбєгєн, каада-салтты билип, ийменген келин болууга жаш кыздарды тартуу болуп эсептелет. Сынакта биздин Гульноза Усмонова аттуу кызыбыз экинчи орунга ээ болуп єлкєнїн намысын коргой алды. Ал эми биринчи орунду Людмила Попова аттуу Якутиялык кыз алды.

САЛАМАТ САДЫКОВА КОНЦЕРТ БЕРЕТ Кыргыз маданиятынын кєзїрї, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Саламат Садыкова 11-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда концерт берет. Концертке эжени сыйлаган санаалаштары келип эжени куттуктап кетишет.

МАРКУМ БАКЫТ БУКАЕВ СЄЄГЇН ТУУЛУП ЄСКЄН АЙЛЫНА АЛЫП КЕТИШТИ Белгилїї журналист жана шоумен Бакыт Букаев киши колдуу болуп 13-ноябрь кїнї єзї жашаган батирде дїйнє салды. Бул суук кабарды биринчилерден болуп Милиция менен Тез жардам кызматына актер жана теле алып баруучу Нурдєєлєт Копоев билдирген. Анын айтымында Бакыттын денесине бир нече ирээт бычак сайылган. Бул факты боюнча кылмыш иши ачылды. Маркумдун сєєгїн жакындары туулуп єскєн айлына алып кетишти. Кыргыздын таланттуу жигити Бакыт Букаев мектепте окуп жїргєндє эле Москвадан басылып чыкчу "Пионерская Правда" гезитине макала жазып жїрчї экен дейт, атактуу алып баруучу Элмара Турсуналиева. Мектепти аяктагандан кийин Улуттук Университетинин Журналистика факультетин окуп бїтїргєн. Профессионалдык эмгек жолун КТРде иштеп баштоо менен бирге, 1992-жылы Кыргызстанда "Жаштык ыры" деп аталган эстрадалык кароо сынак уюштурган. Ал кароодо азыркы кезде атактуу болуп турган Гїлнур Сатылганова баш байгени жеўип алган. Андан соў, биринчилерден болуп "Ала-Тоо периси" сулуулар сынагын єткєргєн. Соўку жылдары той, кечелерди алып барып элдин жакшылыктарына насиптеш эле. 44 жаштагы Бакыт Букаев Ысык-Кєл обулусунун Темировка айылында туулуп єскєн. Анын артында кабыргасы кайышып апасы, бир туугандары жана жанындай жакшы кєргєн жубайы Жылдыз менен эки уулу калды. Бири бир жарым экинчиси тєрт жашта. Бакыт мырзанын жакындарына тереў кайгыруу менен редакциянын атынан кєўїл айтып, ыза кайгысын теў бєлїшєбїз! Жаткан жери жайлуу болуп, Жараткан жайын Жаннаттан берсин! Артында калган эки уулу Бакыт мырзанын жолун жолдогон, ак эмгеги менен мээнет кылып, кыргыз элинин уулдары д р болушсун! у у

АТАЙ ЄМЇРЗАКОВДУН ПАРТМОНЕСИН ТААП АЛГАН АЯЛ КАЙТАРМАКЧЫ Баарыбызга белгилїї болгон бийчи Атай Ємїрзаковдун портмонесин шаарыбыздагы Медеров кєчєсїндє жайгашкан май куюучу жайдан бир аял таап алган. Ичинде Атайдын документтери жана миў доллардын тегерегиндеги акча каражаты болгон. Атайдын портмонесин таап алган аял шаардагы РИИБдердин биринде ээсине кайтармакчы. Атай болсо, чын эле анын портмонеси жоголгондугун айтууда. Карапайым калк ушундай алдым-жуттумду билбейт. Таап алган аял азамат экен, акчаны чєнтєгїнє кымырып албай, жаш жигитке кайтарып атканына баракелде!

12-ДЕКАБРДАН 15-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЬ ЄТЄТ 12-декабрдан 15-декабрга чейин Бишкекте КМШ, Балтия жана Грузия мамлекеттеринин ортосунда жыл сайын єтїїчї 3-Эл аралык кинофестиваль єтєт. “кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалардын єлкєсї” аталган кинофестивалды “Айтыш” коомдук фонду жана Кыргыз Республикасынын кинематографисттер уюштуруп, залкар жазуучу Чыўгыз Тєрєкулович Айтматовдун жаркын элесине арнап жатышат. Кинофестиваль улуттук жана эл аралык болуп эки конкурстук программадан турат. Ал эми калыстар тобунун курамында КМШ єлкєлєрїнїн белгилїї кино сынчылары, кинорежиссёрлору, продюсерлер болот.

АЙПЕРИ КЄЗ ЖАРДЫ Анжеликанын жакын курбусу, бийчи жана дизайнерлик єнєрдї аркалап келе жаткан Айпери Обозова да эне бактысына балкып турган кези. Ал 9-ноябрда кыз тєрєдї. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА 15-ноябрь, 2013-жыл


10 ИКРАМИДИН АЙТКУЛОВДУН САБАЛЫШЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Адвокат Икрамидин Айткуловго кол салуу фактысы боюнча кылмыш-жаза кодексинин "Тоноо максатында кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ШИИБ билдирди. Маалыматка ылайык, кылмыш иши жабырлануучуну даргерлер жандандыруу бєлїмїнєн жалпы палатага которгондон кийин козголгон. "Учурда окуя тууралуу иштер Свердлов РИИБинин тергєє бєлїмїнє берилди. Эгер Айткулов тергєєчїлєр менен кызматташа турган болсо, иш жакын арада бїтєт",- деп мекемеден билдиришти. Андан сырткары ШИИБдин билдиргенине ылайык, башында адвокат тергєєчїлєр менен кызматташуудан баш тартып жаткан, бирок алар адвокатты ишендиришкенден кийин ал макул болгон. Белгилей кетсек, 13-ноябрда Икрамидин Айткулов єз їйїнїн жанында катуу сабалган болчу.

ИЗКУБАР рабынан ымыркадын ошол экендигин таануу иши жїрїп жатат. Эске салсак, кыз операция жолу менен ара туулган жана ага атайын кароо талап кылынган. ШИИБден билдиргендей, шектїї деп таанылган 29 жаштагы Нуржан тєрєт їйїнєн башка баланы єзї эле алгандыгын айтып жатат, бирок уурдоого башка адамдар катышкандыгы шектелїїдє. ШИИБдин басма сєз кызматынан маалматына таянсак, бала 5-ноябрдан 6-ноябрга караган тїнї уурдалган. Маалымат келип тїшєр замат. ымыркайды караган 1956-жылы туулган Роза аттуу медайым суракка алынган. Медайым баланы 9-палатадан 8-палатага которгон, андан кийин бала жоголгондугу аныкталган. Б.Сейитов билдиргендей, милиция перинаталдык борбордун бардык кызматкерлерин суракка алган, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы тїзїлгєн. Анын айтымында, ыкчам топ баланын «Асанбай» кичи районунда Нуржан аттуу аялдын колунда экендигин аныктады.

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖОГОЛГОН 3 ЖАШАТАР БАЛА 1 КЇН ЄТКЄН СОЎ ЖАЙЫТТАН ТАБЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА «ХИЗБ-УТ-ТАХРИР» УЮМУНУН МЇЧЄСЇ КОЛГО ТЇШЇРЇЛДЇ

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 42 жаштагы «Хизбут-Тахрир» партиясынын активдїї мїчєсї, «мушриф» наамына ээ болуп жїргєн жаран колго тїшїрїлдї. Бул тууралуу ИИМнин Ош шаары, облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сєз кызматы билдирди. Ыкчам маалыматтарга таянып, ал жашаган їйдї тинтїїгє алган учурда анын їйїнєн бул партияга таандык жана Кыргызстанда тыюу салынган бул партиянын идеяларын їгїттєгєн 9 даана китеп, 38 даана DVD диск, 4 даана флешка 9 даана видео кассета табылган. Шектїї катары ал жаран Ош шаардык ИИБнын Убактылуу кармалуучу жайына киргизилди.

Їстїбїздєгї жылы 11-ноябрь кїнї Жалал-Абад облусундагы Таш-Кємїр шаарына жакына Сары-Камыш айылында саат 11:00 чамасында 3 жаштагы бала дайынсыз жоголуп, бир сутка єткєн соў табылды. Бул тууралуу ИИМнин басма сєз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, баланын жоголгондугу тууралуу анын атасынан арыз келип тїшкєн. Баланы издєє иштерине Ноокен РИИБынын жеке курамы, єспїрїмдєр менен иш алып баруучу аймактык тескєєчїлєр тартылган. Жоголгон 3 жаштагы бала 12-ноябрь кїнї саат 18:00дє айылдан 10 км алыстыктагы жайыттан табылган. Аталган бала арчанын тїбїндє уктап калган. 13-ноябрь кїнї баланы ата-энесине тапшырышты. Учурда баланын ден-соолугу канааттандырарлык. Бала дарыгерлердин кєзємєлїндє.

МАС АБАЛЫНДА ЭНЕСИ ЄЗ БАЛАСЫН БЫЧАК МЕНЕН САЙЫП САЛГАН

БИШКЕКТЕ ТЄРЄТ ЇЙДЄН УУРДАЛГАН ЫМЫРКАЙ ТАБЫЛДЫ

Жаўы тєрєлгєн ымыркай кызды уурдап кеткен аял менен бирге Октябрь РИИБине алып келишти. Бул тууралуу 14-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сєз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, уурдап кеткен аял ымыркай кыздын туулгандыгы тууралуу кїбєлїк алууга жетишкен. Учурда тєрєт їйдє ымыркайды караган Перинаталдык борбордун (№4 тєрєт їй) медайымы та15-ноябрь, 2013-жыл

Ысык-Ата РИИБнин милиция кызматкерлери 32 жаштагы баласынын денесине оор залал келтирди деп шектелген 51 жаштагы энесин кармашты. Бул тууралуу Чїй ОИИБнин басма сєз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 13-ноябрда саат 16:20лар чамасында райондук ооруканага кєкїрєгїнє бычак сайылып жараат алган адам тїшкєн. Окуя болгон жерге ыкчам тергєє тобу барып фактынын ачыкташты. Бул боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (денеге оор залал келтирїї) боюнча кылмыш иши козголду. Иликтєє иш-чарасынын жїрїшїндє кылмышка шектїї 51 жаштагы У.Надежда аттуу Кант шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон кїнї

жабырлануучунун 51 жаштагы энеси мас абалында болгон. Эне-баланын ортосунда уруш чыгып, энеси баласын бычак менен сайып жиберген. Азыркы тапта тергєє амалдары жїрїїдє.

БИШКЕКТЕ 23 ЖАШТАГЫ ЭНЕ ЄЗ БАЛДАРЫН БЕЛГИСИЗ НЕРСЕ МЕНЕН КЕСКИЛЕП САЛГАН

13-ноябрда саат 01:00дє Бишкек шаарынын Ленин РИИБне №4 шаардык ооруканадан 23 жаштагы Х.Дильдоранын билеги эки жагынан теў кесилген жаракат диагнозу менен мас абалында реанимация бєлїмїндє жаткандыгы жєнїндє маалымат тїшкєн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сєз кызматы билдирди. Бул окуя боюнча Ленин РИИБнин ыкчам-тергєє тобу барышканда, Х.Дильдора 24 жаштагы кїйєєсї Х.Шахрух менен уруша кетип, эки баласын алып, алар жашаган 12-кичи райондон «Жал-Артист» кичи районуна барып, белгисиз каражат менен єзїн жана балдарын ургулай баштаган. Алдын ала текшерїїнїн жїрїшїндє, Х.Д.нын 1 жаштагы эркек баласы оў кырк муун жагында кескиленип жаракат алган диагнозу менен Улуттук оокуканага жаткырылгандыгы аныкталды. Аты-жєнї такталбаган 3 жаштагы экинчи кызы 3-даражадагы геморрой шогу (кан жоготуу), эки билегинин астыўкы бєлїгї кескиленип жаракат алган диагнозу менен №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Ошондой эле, Х.Дильдора республикалык психиатриялык оорукананын Жалал-Абад облустук ооруканасында каттоодо тугандыгы белгилїї болду. Учурда, Х.Д. Бишкек шаарынын психоневрологиялык диспансерине текшерїїгє жиберилди, дарт аты такталууда. Жабырланган балдарга єз убагында медициналык жардам кєрсєтїлдї, азар абалдары туруктуу. Ленин РИИБдин тергєє бєлїмї кылмыш ишин козгоо жєнїндє маселени карап жатышат, ошондой эле бардык кырдаалды тактоо їчїн кїйєєсї жана Х.Дильдоранын туугандары суракка чакырылды. Катуу жинденип, єзїнєн чыгып кеткен аял балдарын жана єзїн бритва менен кескилеп салган. Апасы тарабынан бритва менен кескиленген балдарга операция жасалды. Бул тууралуу дарыгерлер билдирди. Маалыматка ылайык, 12-ноябрда "Жал" кичи районунун тургуну болжол менен саат 21-00дє єзїнє жана балдарына оор жаракат келтирген. Аларды ооруканага капысынан байкап калган кишилер алып келишкен. Балдардын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалашууда. Єзгєчє 3 жаштагы бала оор жаракат алган. Аны куткарып калуу їчїн жасалган операция 6 саатка созулган. Эки бала теў кєп кан жоготкондуктан кайта жандандыруу бєлїмїнє жаткарылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 23 жаштагы аял катуу жинденип, єзїнєн чыгып кеткен. Ал "Народный" супермаркетинен бритва алып, єзїн жана балдарын кескилеп салган.

5000 СОМДУК УЛУТТУК ВАЛЮТАНЫ ЖАСОО БОЮНЧА 4 ФАКТЫ КАТТАЛДЫ, - УЛУТТУК БАНКТЫН ЭКСПЕРТИ Ушул жылдын 9 айында КРда 89 жасалма банкнот улуттук валютада жасалып, анын жапы суммасы 55 миў 260 сомду тїздї. Бул тууралуу КР улуттук банктын эксперттик бєлїмїнїн жетектєєчї адиси Эмил Курманалиев 13-ноябрда пресс-тур учурунда билдирди. Анын айтымында, жасалма акча жасагандар арасында адаттагыдай эле 3-се-

риядагы орто жана жогорку номиналдагы банкноттор жасалууда. «100, 200, 500 жана 1000 сомдук акчалар кєп жасалганы байкалды», - дейт ал. Ал билдиргендей, жасалма банкноттор єлкєнїн кєпчїлїк аймактарында кездешет, бирок, Нарын, Талас жана Баткен облустарында мындай фактылар катталган жок. «Жасалма акчалардын кєпчїлїгї Бишкек шаарында кездешип, жасалма акчага байланышкан 82 окуя катталды. Ош облусу менен ЫсыкКєл облустарында їч ирет кездешсе, Жалал-Абадда жасалма акча менен бир окуя катталды», - деди Э.Курманалиев. Маалыматка таянсак, їстїбїздєгї жылдын 9 айында 5000 сомдук улуттук валютаны жасоо боюнча 4 факты катталса, 1000 сомдук — 18 факты, 500 сомдук — 22 факты, 200 сомдук — 12 факты, 100 сомдук — 19 факты, 50 сомдук — 7 факты, 20 сомдук 5 факты болсо, 10 сомдук акчаны жасоонун 1 учуру катталды.

"ШЕРЕМЕТЬЕВОДА" ТОНОЛГОН КЫРГЫЗСТАНДЫК КРИМИНАЛГА БАЙЛАНЫШЫ БАР ДЕП ШЕКТЕЛЇЇДЄ Орусиянын укук коргоо органдары 13-ноябрда "Шереметьево" аэропортунан кыргызстандык жарандан тартылып алынган 1,6 млн долларынын тєркїнїн териштирїїдє. Бул тууралуу Лента.ру сайты "Комсомольская правда" гезитине шилтеме берип жазып чыкты. Гезиттин булагынын берген маалыматына ылайык, 39 жаштагы жабыр тартуучу аталган каражат Москва шаарынан батир сатып алуу їчїн керектеле турганын айткан. Бирок, кїч тїзїмдєрї 11-ноябрда Ош шаарында болгон тоноо ишине тиешеси бар болушу мїмкїн деп шек санашууда. Бул кїнї кылмышкерлер Ош аэропортунан чыгып келе жаткан жїргїнчїнї атып, анын сумкасындагы 4,5 млн долларды уурдап кетишкен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул каражат баўгизатын сатуудан тїшїшї мїмкїн.

ОШ ШААРЫНДА 18 ЖАШАР КЫЗ ЄЗ ЄМЇРЇНЄ КОЛ САЛДЫ

12 - н о я б р ь к ї н ї О ш ш а а р ы н ы н 1995-жылы туулган тургуну Динара аттуу кыз єзїн-єзї єлтїрїїгє аракет жасап, ичине бычак менен сайып алган. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сєз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында єз ємїрїнє єздєрї кол салгандардын саны арбып баратат. "Негизги себептери - їйбїлєдєгї келишпестик, социалдык чечилбеген маселелер жана єспїрїмдєрдїн атаэнелери менен тил табыша албагандыгында",-дейт Сыдыков. Эскерте кетсек, жыл башынан бери Ош шаарында єзїн-єзї єлтїрїїгє аракет жасоо боюнча 32 факт катталган. Жыргал БЕРДИБЕКОВ


АЖЫ МАЕК

11

Єзбек Ажы ЧОТОНОВ:

“13 БАЛАМ БАР” - Єзбек ажы, маегибизди сиздин балалыгыўыздан баштасак? Канча бир туугансыз, туугандарыўыз да дин жолундабы? - Талас жергесинде туулгам, 5 бир тууганбыз, баары намаз окушат. Ата-энем да намаз окушат. - Канча уул-кызды тарбиялап жатасыздар? - 13 балам бар. Чоўдору намаз окушат. - Кыздар, аялдар туурасында кєбїрєєк кеп кыласыз. Канткенде таза коом тїзє алабыз? - Кыздарга кєбїрєєк басым жасаганым алардын камын кєбїрєєк кєрїш керек. Кыргызда кызга 40 жерден тыюу дейт. Буларды єзгєчє жакшы тарбиялаш керек, себеби кїйєєсї кетирип жибериши мїмкїн, анда кыз батпайт. Баланы болсо кетире албайсыў, єзїнїн эле элинде жашайт.

кирсек болот? - Жаштарды тарбиялаш їчїн кичинесинен баштап бардык балдарыбыз динди тааныш керек. Мектептен баштап дин їйрєтїш керек, Ыйман деген єзї дин деген сєз. - Ислам динине жамынып алып экстремисттик иштерди кылып жаткан жарандарыбызга эмне дейт элеўиз? - Экстремизмди жасап жаткан дїйнєнї башкарам деген чоў єлкєлєрдїн саясаты, ошолор уюштуруп жатат мунун баарын. - Исламда аял эркектин ролу, їйбїлє боюнча эмне деп айтылган? - Эркек киши башчы, аялы ага моюн сунуш керек. Аял їй їчїн, эркек эл їчїн жаралган. Эркек їйдї камсыз кылышы керек, тарбиялаш керек, кийинтиш керек. Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА

- Илимди жаштарга кантип жет-

Баяна Кулова - Азыр кыздар бузулуп баратат дейбиз. Алар эртеўки энелер! Эртеўки бузулган энелерден тєрєлгєн балдардан кандай муундар єсїп чыгат ким билет. Анан да кыздарды бузукулук ишке жетелеген эркектер єздєрїн ЭРКЕК сезишет экен! Эркекчиликте боло берет дешип. Кечээ їйдїн жанына наристе таштап кетишиптир. Элдин баары апасын сєгїп каргап шилеп атышат. Эркекти кїнєєлєгєн бир жан жок, эне энеси да деп. Ооба, эне бирок ата каршы болбосо эне кантип баласын таштасын. Атасы качып кетсе энеде да намыс бар, ошол баласын таштаган эненин жїрєгї миў жеринен тилинип аткандыр, эне сїтї зыркырап агып, баласынын ыйы кулагына угулуп жаткандыр... AzamatAltay Osmonov - Баяна алар эне эмес. Алар болгону бир сойкулар. Эмне аларды эркектер зордуктап бойлоруна бїтїрїп жатыппы? Никеси жок туруп аларды эркек менен болууга ким тїртїп жатыптыр. Анда кантип жаратканды ооздоруна алып сїйлєшєт эгер Жараткандын айтканын аткарбаса. Ким эне деп айтат аларды. Тиги сен айткан эркектер бал аарыга окшогон эркектер. Алардын аты эле болбосо заты жок. А тиги сен эртеўки кїндїн энелери деп жаткандар алар эне эмес. Адамдын акылы кайда? Анын башында. А эси кайда анын жанында. А сен айтып жаткан шуркуялардын акыл-эси кайда жайгашкан. Менин шегим бар Алардын акыл-эси башында экенинде. Ал эми зордукталган кыздарды туура тїшїнсє. Зордуктагандар ЗЄЄКЇРЛЄР. Аларда адамдык сезим жашабайт. Андайлар мыкаачылар болот. Mirlan Corleone,

“НИКЕСИЗ БОЛУП ТУРУП БИР КЫЗ МЕНЕН БИРГЕ БОЛГОН ЭРКЕК АЛ ЭРКЕК ЭМЕС, ТАК СОЙКУ ОШОЛ” Кымбаттуу туугандар ! Соўку жылдары кыздарды зордуктоо боюнча абдан эле кєп макалалар гезит бетинде чыга баштаганы абдан єкїндїрєт жада калса єзїнїн кызын зордуктап салгандар да чыга баштады. Баарыбыздын эже карындаштарыбыз бар. Бир тууган болбосо деле туугандарыбыз бар ! Баарыбыз бирдикте ушул темага абдан маани берсек кандай болот туугандар ? Бир кыз бир канча эркек менен бирге болуп койсо ага биз СОЙКУ деп чыга калабыз. А бир канча кыз менен бирге болсоў ЭРКЕК їчїн эмнеге СОЙ-

КУ дебейбиз !!! Кайра аны ЭРКЕК дейбиз. Никесиз болуп туруп бир кыз менен бирге болгон эркек ал ЭРКЕК эмес, так сойку ошол. Себеби бирєєнїн карындашын зордуктап анын турмушуна балта чаап жатат. Мен бир эркек катары эркектерге кайрыла кетет элем. Биринчи ирет єзїбїз ЭРКЕК СОЙКУЛУКТАН ыраак бололучу достор !!! Анан карындаштарыбызга тилибиз єтєєр. Жок кыз єзї каалап атат анан экєє теў ыраазы да, анда боло берет дегендер їчїн!!! Анда ошол экєє теў СОЙКУ!!! Бир аз орой жазганым їчїн кечирим сурайм, туугандар. Бирок, бул маселе бул кун єлкєбїзгє абдан кара тїтїн сыяктуу каптап турган бир ыплас нерсе болгондугу чын!!! Кыргыз Санжырасы,

“ЗОРДУКТООЛОР КЄБЄЙЇП ЄЛКЄБЇЗДЄН КУТ КАЧЫП ТУРГАН МЕЗГИЛ” - Кымбаттуу туугандар ! Бїгїнкї кїндє Кыргыз эли урушка эмес биримдикке, бирдиктїїлїккє, тууганчылыкка, бири бирине жєлєк болууга абдан ач болуп турган мезгили. Чет жакта болобу журт ичинде болобу биримдїїлїктї эле бекемдесек бизди эч ким бєлїп жара албайт! Бїгїн Санжырада мындай иликтєє кылып атканыбыздын башкы себептери Уруулардын баардык жерде жайгашкандыгын далилдєє. Мына єзїўїздєр жазып аткандай кээ бир Уруулар Кыргызстандын ар бир булуўунда бар экендиги тастыкталып атат. Демек биздин тїндїк-тїштїк, батыш-чыгыш болуп бєлїнїїбїзгє эч кандай бир себеп

жок экендиги кєрїнїп турат. Болушу мїмкїн бїгїн Орусияда тєрєлгєн бир баланын Кыргызчаны так сїйлєй албаган учурлар болуп атат. Себеби Орустар менен чогуу жашап тили бурулуп калган. Бул жєнєкєй эле кєрїнїш. Биз ага Орус деп айтпайбыз жакшы кабыл алабыз кєпчїлїк мисалы. Бирок бир Кыргыз бир аз эле туура эмес сїйлєп койсо сен “сарт” сен “аркалык” деген сєздєр чыгат. Демек Чїйдєн бир атанын эле балдары Ошко, Нарынга, Таласка кєчїп кеткен экен илгери жана ошол жергиликтїї элдер менен алака кылып атып тилдеринде кээ бир єзгєрїїлєр болушу мїмкїн. Биз ага кєп деле маани бурбашыбыз керек туугандар! Кыргыз тилин бекемдешибиз керек, бирок Атабыз бир экенин унутпайлы. Ушуну эч унутпашыбыз керек чет жакта жїргєндєр айрыкча, Кыргызга Кыргыз эле кїйєт !!! Кїнїбїздє кандай кана окуялар болуп атат. Ыймандуулуктан узакташып ким ким менен жїргєнї белгисиз зордуктоолор кєбєйїп єлкєбїздєн КУТ качып турган мезгил. Туугандар бир Кыргыз жигити бир Кыргыз кызын зордуктоодон мурда ойлонсун, ал єзїнїн эле Тууганы !!! Адилет Искаков,

“КООМДУК ТРАНСПОРТКО ТЇШКЄНДЄ ГАНА АР БИР АДАМ ЄЗЇНЧЄ ИНДИВИД” - Статистикалык маалыматка таянсак адам ємїрїнїн ондон бир бєлїгїн жолдо єткєрєт экен. Чынында коомдук транспортко тїшпєгєн адам жок болуш керек.

Коомдук транспорт адамдардын чыныгы жїзїн кєрсєтєт. Коомдук транспортко тїшкєндє гана ар бир адам єзїнчє индивид экенине кєзїў жетет. Бир да актёр аткара алгыс образдарды кєрєсїў. Эў керемет уйку жолдо бара жатканда келет. Канча аракеттенесиў, уктабайын деп, бирок баары бир чырым этип алганга їлгїрєсїў. Отурган адам: Ой уктап калбасам болду, мен кайда жеттим, аа дагы кєп бар экен уктай берсем болот экен, ой мен єтїп кеткен турбаймбы… Туруп бара жаткан кыз: Тигини карасаў калп эле уктап калганын. Тигинде энесиндей болгон аялдар туруп турат, бул кайкалап уктамыш болуп кетип баратат… Туруп бара жаткан жигит: Качан турат болду экен, энеўди, бул жакын арада турчудай кебетеси жок го, энеўди… Артта отурган жигит: Бул тїрї суук эле неме экен, тиги кыз мунун эмнесине кызыкты. Улам эле карайт. Эшиктин жанында турган аял: Ай, жаштар улууларды сыйлаганды унутушту го… Айдоочу: Менин мойнума минбей кичине ары жылып коюшса жакшы болмок…

АЙ БАЛАМ, БАЙКАЙ ЖЇР… Апам айтат «Ай балам, байкай жїр, элдер кантип той берет, элдер кантип конок узатышат, элдер кантип їйлєнєт экен? Эмне белек берет экен? Кайсы жердин кызы канча сом экен?». «Канча жаштан їйлєнїї керек?» деген суроо мен їчїн дагы эле актуалдуу бойдон. Эрте їйлєнсєў «Кайсы арына їйлєнєт, ата-энесинин мойнуна минди да, ой ушу мээси жок эле неме окшойт, ата-энеси тырмаўдап иш кылып атса ага кошул-ташыл кылып їйлєндї» бул да жакшы сєз, андан жаман «Ай, желмогуз, мурунтан жєн жїрбєгєн бала эле, бир балээ болду да, тигиниси эчак эле дарбыз жуткан да, кєрєсїў, їйлєнгєндєн кийин бир-эки айда эле, хе, хе». Аны угуп «Кой, эл катары иш кылайын, бутума турайын анан їйлєнєйїн» десеў. Дос, тууган, тааныш-туунуш «Ой, качан? Ой, сени менен теў балдар жакында неберелїї болушат, ой ушу сен деги эркексиўби, ой эрте балалуу болсоў балдарыў єзїў менен теў чоўоёт эле го, ой жок дегенде сїйлєшкєн кызыў барбы? Апаў жїрєт сенден небере кїтїп, сен жїрє бер аяк бошотконуўа сїйїнїп. Деги сен кыз менен сїйлєшкєндї билесиўби, же акча тєлєп барган кызыўа ыраазы болуп эле жїрєсїўбї?» деп мээни жей башташат.

15-ноябрь, 2013-жыл


12

ИСЛАМ

ÛÉÌÀÍÄÛÍ ØÀÐÒÒÀÐÛ (Àìàíòó) Ыйман – Ахли сїннєт аалымдарынын китептеринде жазылган, пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдан келген кабарларга ишенїї жана ишенгендигин айтуу дегенди билдирет. Аманту биллахи... де орун алган алты нерсеге ишенген жана Аллаху тааланын буйруктары менен тыюу салган нерселерин кабыл кылдым деген адам мусулман болот. Ар бир мусулман: "Аманту биллахи ва Малааикатихи ва Кутубихи ва Русулихи вал йавмил ахири ва бил кадари, хайрихи ва шаррихи миналлахи таала вал басу бадал мавти хаккун, ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулуху",деген сєздї жаттап, маанисин билїїгє тийиш. Балдарына да їйрєтїїгє тийиш. Бала бул алтоону билбесе, їйрєнбєсє жана ишенгенин айтпаса, балакатка жеткенде мусулман болбой муртад болот. Муртад – Ислам дининен чыккан адам деген сєз. Муртад болгон адамдын аялы экєєнїн никеси бузулат. Ошол бойдон кайтыш боло турган болсо, тїбєлїк Жаханнамда (Тозокто) калат. Мусулмандан туулган бала балакатка жеткенде бир гана: "Лаа илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах", - деп айтуу менен мусулман боло албайт. Ыйманды, Исламды билїї, тїшїндїрє алуусу да керек. Ыйманды тїшїндїрїї деген сєз – ишенїїгє тийиш алты нерсени тїшїнїї, суралганда айтып бере алуу деген сєз. Исламды билїї – Аллаху тааланын буйруктары менен тыюуларын толук кабыл кылуу дегенди билдирет.

АМАНТУНУН МААНИСИ: Аллаху тааланын бар жана бир экендигине ишенїї. Периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет кїнїнє, тагдырга, (жакшылык менен жамандыктын Аллахтан экендигине ишенїї.) Бул алты нерсе ыймандын шарттары деп аталат.

ЫЙМАНДЫН ТУУРА БОЛУУСУНУН ШАРТТАРЫ

Ыймандын бизде толук орун алуусунун шарттары жана себептери тємєндєкїлєр: 1. Биз кайыпка ишендик. Биздин ыйманыбыз жашыруун, ачык эмес. Анткени, биз Аллаху тааланы кєзїбїз менен кєрє албайбыз. Бирок, кєргєн сыяктуу ишендик. Буга эч кандай кїмєнїбїз жок. 2. Жерде да, кєктє да адам, жин, периште жана пайгамбарлардын эч бири

15-ноябрь, 2013-жыл

ахли сїннєт аалымдары кєрсєткєн боюнча жїзєгє ашат. Себеби, алар бул ыйман негиздерин сахабалардан алышкан. Сахабалар Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдан їйрєнїшкєн. Ошондуктан, ахли сїннєт аалымдары билдирген ыйман – Паайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам билдирген ыйман болуп эсептелет.

ЫЙМАН ДЕГЕН ЭМНЕ?

кайыпты билбейт, аны бир гана Аллаху таала билет. Каалаган кулуна кайыптан каалаган нерселерин билдирет. ("Кайып”- сезїї органдары менен жана тажрыйба аркылуу сезилбеген, билинбеген нерсе деген сєз). 3. Харамды харам деп билип, анын харам экендигине ишенїї. 4. Адалды адал деп, анын адал экендиге ишенїї. 5. Аллаху тааланын азабынан ар дайым коркуу. 6. Канчалык кєп кїнєє кылган болсо да, Аллаху тааланын ырайымынан, кечириминен їмїтїн їзбєє. Ушул алты нерседен бирєє кем болсо, ал адамдын ыйманы туура болбойт.

ЫЙМАН ТУУРА БОЛУШ КЕРЕК Адамдын беш сезїї органдары менен акылы аркылуу сезилген нерселер анын ыйман келтирїїсїнє жардам берет. Табият таануу илимдери ааламдагы системанын, тартиптин кокустук эместигине жана бир Жаратуучунун бар экенине ишенїїгє, Ага ыйман келтирїїгє себеп болот. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам Аллаху таала билдиргендерди сахабаларына айтты. Алар аны єздєрїнїн шакирттерине жеткиришти. Алар аны кипептерине жазышты. Бул китептерди жазган аалымдар ахли сїннєт аалымдары (сїннї

аалымдар) деп аталат. Ыймандын туура жана да Аллаху таала тарабынан кабыл болушу їчїн ахли сїннєт аалымдарынын китептеринде билдирилгендерге шайкеш болушу кажет.

АЛ ЇЧЇН: 1. Ыйман туруктуу болуш керек. Ар дайым ыйман менен бирге болуу керек. Мусулманчылыктан чыгууга ниеттенген адам ошол замат ыймандан чыгып, муртад болот. Мусулманчылыктан чыккан адам муртад деп аталат. 2. Мусулмандын ыйманы коркуу менен їмїттїн ортосунда болушу керек. Аллаху тааланын азабынан коркуу, бирок, ырайымынан да їмїт їзбєє шарт. (Кылган кїнєєдєн кайтып, тообо кылуу керек. Кїнєєлєрдєн качып, алардан улам ыйманын жоготуп алуудан коркуу керек.) 3. Жан (рух) чыгар кезде акыреттин бардык белгилери кєрсєтїлєт. Ушул учурга чейин ыйманга келїї керек. Жан чыгар алдында бардык капырлар ыйман келтиргилери келет. Бирок, бул кабыл кылынбайт. Себеби, кєрбєй туруп ишенїї керек. Бул маалда бир гана момундардын тооболору кабыл болот. 4. Кїн батыштан чыгаардан мурда ыйман келтирїї керек. Кыяматтын чоў белгилеринин бири - кїндїн батыштан чыгышы. Муну кєргєн адамдар ыйман келтиришет. Бирок, алардын бул ыйманы кабыл кылынбайт. 5.Кайыпты бир гана Аллаху таала билет. Жана да Анын билдиргендери билет. Маанилїї болгон нерсе кайыпка ыйман келтирїї. 6. Ислам дининин ыйманга жана ибадатка тийиштїї єкїмдєрїн кабылдоо керек. Диндин буйруктарын тємєнсїнтїї, мазактоо куфур. Б.а., динден чыгып, капыр болууга алып барат. 7. Ислам дини тарабынан ачык билдирилген нерселерге кїмєн кылбаш керек. Намаздын жана орозо кармоонун фарз экендигине, алкогол ичимдик ичїїнїн, кумар ойноонун, пайыздын (процентке акча алышып-беришїїнїн), паракорлуктун харам экендигине ишенбєє же шектенїї динден чыгууга себеп болот. 8. Ыйман келтирген адам бир гана Аллаху таала їчїн жакшы кєрїп, Аллаху таала їчїн душмандык кылуусу керек. Бул "хубб-у филлах" жана "бугд-ы филлах" деп аталат. Булар ыймандын негизги жана эў кїчтїї белгилери болуп саналат. 9. Ыйман ахли сїннєт аалымдары кєрсєткєн абалда болуусу керек. Акыл менен философтордун айтуулары боюнча ишенїї ыйманга туура келбейт. Туура ыйман

Ыйман - акыркы пайгамбар Мухаммед алехиссаламдын пайгамбар катары кєрсєткєн нерселерин акыл, тажрыйба жана философияга таянбастан кабыл кылып, аларга ишенїї жана ыйман келтирїї дегенди билдирет. Акыл пайгамбар тарабынан билдирилген нерселерди туура деп эсептей турган болсо, бул толук жетилген акыл болуп саналат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбар катары билдирген буйруктарына ишенбєє же шектенїї - куфур болуп эсептелет. Б.а., бул-Ислам динине ишенбегендикке жатат. Мындай адам "кафир" (капыр) деп аталат. Ыйман – бул Курани каримде жана хадис экендиги так белгилїї болгон хадиси шарифтерде анык кєрсєтїлгєн нерселерге толук ишенїї. Буларга ишенген адамдар "момун" жана "мусулман" деп аталат. Алар Мухаммед алейхиссаламдын їммєтї болуп эсептелет. Мухаммед алейхиссаламдын їммєтїнїн ичинде туура жолду карманган, Пайгамбар билдиргендей ыйман келтирген жалгыз бир топ бар, ал "ахли суннат вал жамаат" тобу. Мусулмандар жетимиш їч топко бєлїнєт. Алардын жетимиш эки-

си туура жолдон тайып "Бидат фыркасы" болгон, ал эми жалгыз бир гана топ туура жолду карманган. Ошол туура жолдогу топ "ахли суннат вал жамаат" тобу деп аталды. Бул тууралуу пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам хадиси шарифте мындайча билдирет: "Исраил уулдары жетимиш бир топко бєлїнєт, алардын жетимиши Тозокко барып, бирєє гана кутулат. Христиандар да жетимиш эки топко бєлїнєт. Алардын жетимиш бири Тозок отунда кїйєт, бирєє кутулат. Бир канча убакыттан кийин менин їммєтїм да жетимиш їч топко бєлїнєт. Анын жетимиш экиси Тозокто кїйїп, бирєє гана калат". Сахабалар Тозоктон кутулган топ кимдер деп сурашканда: "Тозоктон кутулган топ-менин жана сахабаларымдын жолу менен жїргєндєр", -деп жооп берди. Бул хадис тєрт "Сунан" деген китебинде жазылган. www


13

ПАЙДАЛУУ КЕЎЕШТЕР

КЫШ ЖАКЫНДАДЫ, ЧАЧЫЎЫЗГА КАМ КЄРЇЎЇЗ чуўкурчаларды азайтат, бирок, анын ширесин башка жашылчанын ширесине аралаштырып колдонуу керек. Болбосо, лимон єтє кїчтїї таасир этет. Алча - чуўкурчаларды азайтат.

Адамдын келбетинин сулуу болушуна чачтын салымы да абдан чоў роль ойнойт. Чачты жайкысын кїндїн нурунан ал эми кышында сууктан сактабаса чач бузулуп, тїшє баштайт. Чачыўызга туура кам кєрє жїрїўїз.

ЧАЧЫЎЫЗ ЖАБЫРКАСА 3 аш кашык каймак, 1 чай кашык май, 1 чай кашык лимондун суусун аралаштырып, чачыўызга сїйкєўїз. 15 мїнєттєн кийин жылуу суу менен жакшылап жууп салыўыз.

ЄЎЇ ЄЧЇП КАЛСА...

чачыўызга сїйкєйсїз да башыўызды баштык менен, анын їстїнєн жылуу сїлгї менен ороп, бир саат жїрєсїз. Анан суу самын (шампунь) менен жакшылап жууп саласыз.

200 гр тимьяндын кайнатмасына 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыўызга сїйкєўїз. 20 мїнєттєн кийин жууйсуз.

ЧАРЧАСА...

БАРДЫК ЧАЧТАР ЇЧЇН:

1 авокадону майдалап, ботко абалына келтирип, ага 2 аш ка-

Кефирди чачка жана баштын терисине сїйкєп койсо болот. Ал майдын бєлїнїп чыгышын жєн-

кашык зайтун майынын аралашмасын чачтын тїбїнє сїйкєп полиэтилен шапкасын кийип, їстїнєн жылуу сїлгїнї ороп аласыз. Бир сааттан кийин суу самын менен жууп, анан 1 литр сууга 1 аш кашык уксус кошулган аралашма менен жууйсуз.

ЖАШЫЛЧА ЖЕМИШ МАСКАЛАРЫ Картошка маскасы беттеги чарчоонун изин кетирип, бырыштарды тартат. Жазында жаўы чыккан картошканы сууга кайнатып, ысык боюнча эзиўиз. Бир аз сїт кошосуз да, муздаган соў бетиўизге жабасыз. гє салып, кургак чачтар їчїн да, майлуу чачтар їчїн да пайдалуу болот. Андан сырткары азыктандыруучу заттарга бай. шык зайтун майын аралаштырып, чачыўызга сїйкєйсїз. Бир канча убакыттан кийин жакшылап жууп коюўуз.

КУРГАК ЧАЧТАРГА... 1-2 жумуртканын сарысына 1 аш кашык зайтун майын (оливковое масло) кошуп, чачыўызга сїйкєйсїз. Чачтын тїбїнє кєбїрєєк басым жасаўыз. Таасир бериши їчїн жарым саат кїтє туруўуз.

МАЙЛУУЛАРГА... 1 жумуртка менен 1 / 2 стакан чалкандын тундурмасын аралаштырып,

КЇЧТЇЇ КЫЛГЫЎЫЗ КЕЛСЕ... 20 мл бадамдын майы, 20 мл ромашканын тундурмасы жана 1 аш кашык балдын аралашмасын сїйкєйсїз. Бир аз сїт же жумуртканын сарысын кошуп койсо да болот. Жылуу суу менен жууп саласыз.

КАКАЧ БИРИНЧИ ДУШМАН

ЧАЧЫЎЫЗ ТЇШСЄ

СЫНГАН ЧАЧТАРГА... 200 гр пивого 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыўызга сїйкєйсїз. Чачыўыз узун болсо каражаттардын єлчємїн кєбєйтїўїз.

шы. Бул маскалар сиздин чачыўызды жалтыратып эле койбостон, бекемдейт дагы...

Мындан башка тємєнкї жашылча-жемиштердин териге пайдасы бар: Єрїк - эс алдырат, кыжырданууну басат Баклажан - нымдуулук берет Шабдаалы - бырыштарды тартып, жумшартат Жїзїм - нымдуулук берет жана жумшартат Кулпунай, малина - нымдуулук берет Лимон - беттеги

Эгер сиздин чачыўыз тїшсє, атайын суу самындан (шампунь) сырткары маскаларды жасасаўыз пайдалуу. Эў жєнєкєй ыкмалардын бири болуп чачты чалкандын тундурмасы менен чайкоо эсептелинет. Ал їчїн кадимки эле чалкандын кургатылганын алып, чай демдегендей эле демдеп, башыўызды жууп бїткєндєн кийин ошол демделген чалкан менен башыўызды эки-їч сыйра чайкап коюўуз. Эгер тундуруп албасаўыз, чачыўызда чалкандын жалбырактары калышы мїмкїн. Бирок, мунун эч коркунучу жок. Кургангандан кийин силкип койсоўуз, єзї тїшїп калат.

ЧАЧЫЎЫЗ БОЗОМТУК БОЛСО... Чачыўыздын тїсї сизге жакпай, бозомтук тартып турса жумурткадан жасалган маска жардамга келет. Башыўызды жуугандан кийин суусун сарыктырып айран менен жумуртканын аралашмасын чачыўызга сїртїўїз. Ошол бойдон 10-15 мїнєт кармап, кайра аз єлчємдєгї суу самын менен таза чайкап жууп коюўуз. Колдон келсе, чачты дагы жалтыратыш їчїн 5 литр сууга 1-2 чай кашык уксус кошулган суу менен чайкап койсоўуз, андан жак-

Какач – бул теринин катып, сыйрылып, майда болуп чыгып калышы. Ошондуктан башыўызда турган "ак карлар” албетте жаман кєрїнєт. Бирок какачтан дагы арылууга мїмкїн. Башты жуур астында кадимки эле майонезди сїйкєп, жарым саатча кармаўыз. Убагы келгенде кадимкидей кылып эле жууп, чачыўызды таза чайкап койсоўуз болду. Бул ыкманы бир айдай колдонсоўуз, сиз кїткєн жыйынтыкты берээри талашсыз. Самара САЛАМАТОВА

ЖАРКЫРАТКЫЎЫЗ КЕЛСЕ... 1 байлам майдаланган петрушка, 1 чай кашык арак жана 2-3 чай

15-ноябрь, 2013-жыл


14

н а г л ы т а К ы р ы с н и героинд СЕРИАЛ

Сулуу жигит экениўди билебиз дечи. Денеўдин єтє жагымдуу таасири кандай аял болбосун тартып талытат. Мен дагы ошол кєз ирмемдик таасирден чыгалбай койдум. Суусу канбаган немедей сени эстеп арбалып калдым. Тєрт бала туудурган ак никелїї кїйєєм дагы сендей таасирди берген эмес. Ошол кєз ирмемдик жагымдуулугуў менин ойлосом оюман кетпей, сени менен бир эле болсом деп дегдедим. Анын айтканына ишенгеним менен мен ага кайдыгермин. Салия айтаарымды айттым деп, алаканы менен бетин басып бїрїшїп отура калды. Мен жанында сороюп турам. Толгон ай жаркырап тийип турат. Буудайы орулган кеў талаа ай нуруна кєлбїп жатат. Район менен айлыбыздын ортосундагы кеў талааны жарып єткєн жолдо, бузулган машинамдын жанында ара жолдо калып калдык. Бул эмне деген табышмактуулук. Аял жїрєгїнїн сырын бил деп жалгыз кезиктиргени аз келгенсип, машинам бузулуп, анын жан сырын ачкан эмне деген дал келїїчїлїк. Чындап эле кєўїл кушу тїшїп, тагдыры колдодубу? Мага сен эле жетпей жаттыў эле. Ачуумдун келгенин сезген Салия колумду кармагысы, кучактап жыгылгысы келип, бирок батынбай атканын сезим турам. Єзїнїн намысын сактабаган ушул аялды єлєєрчє жек кєрдїм. Мен буга тийишпегенимден гана жїрїптїрмїн да. Кичине эле шек берсем, менден мурун басып жыгылгысы бар экен. Ошол ыўгайды кїтїп, їйгє келчї тура. Жиним менен жїрбєй калган машинаны бир муштадым. Жок дегенде айылга жакын жерде бузулса дагы жєє-жалаўдап жетип алмакпыз. Ижарага алган бирєєнїн машинасын айдай талаага таштап кетет белем. Салия болсо бїрїшкєн бойдон отурат. Уятыў чыдатат бекен. Эртеў соолукканда бетимди кантип карайсыў. Азыр мастыгыў менен баатыр болуп келжиреп атпайсыўбы. Ай ушунчалык жаркырап тийип турат. Толгон айдын кєркїн карап жатып Акманайды эстедим. Эртеў эле барам ага. Ушул толуп турган айды карап суктанабыз. Салиянын жоругун айтып берем. Ал кїлєт, туура тїшїнгєн эстїї жан эмеспи. Мунун ага жетмеги кайда. Бир колуна да теў келбес. Айке єзїнчє, Акманай єзїнчє сїйдїрєт. Айкеден кол їзїп, Акманай кадырымды билген аял. Аны ойлоп, Салияны карап шылдыўдуу жылмайдым. Эми канттик, ушинтип отура беребизби? Бирєє жарым єтєєр бекен, сїйрєтїп, же мына бул жиндини салып ийип кутулат элем. Ал бїрї-

БУРУЛ БАЯН (Сандан санга)

шїп, улам ыктытып коюп жол четинде отура берди. Кичине эле эркектигиме барсам асылгыдай. Каарданганымды кєргєн ал айла таба албадыбы, сумкасында жарымы ичилген арак бар экен. Єзїн баатыр сезейин дедиби, какап-чакап оозунан ичип кирди. Анын ичип жатканына иренжидим. Чала мага, жалгыз єзї машина тосуп турса ала кетейин дебедимби. Салиянын айтканына дагы ишендим. Єзїмдїн сырымды билем го. Айталаанын бир четинен машина жарыгы кєрїндї. Биздин айылдагылардын кимиси болду экен. Бул жол биздин айылдан ары єтпєйт. Андар ары улашкан бєксє адырлар. Машина бизге жакындады. Машинамдын єчїп жанган жарыгын, жол боюнда сороюп кол кєтєрїп турган мени кєрїп, машина єтє берип токтоду. Салиянын кошунасы Жээнбек экен. - Эмне, машинаў бузулдубу? - Кєрїп турбайсыўбы. Троссуў барбы? - Ал багажынан троссун алып байлай баштады. - Сїйрєтїп кетейин. - Тигил жерде Салия кошунаў мас бо-

луп отурат. - Эмне... Ал сага кайдан илешип жїрєт? - Жїргїнчїлєрдї ташып, кїїгїмдє келе жатсам жалгыз єзї жол тосуп турат. Анан айылдашыўды таштап кетет белем. Анысы аз келгенсип, мас экен. Колуна бєтєлкєсїн кармап теўселе баскан аял жаныбызга келди. Жана мага шолоктоп ыйлап аткан неме тигил шектенбесин дегениби, чалыштай мага жыгылымыш болуп, кармап булдурады. Куусун кєр, Жээнбектин кєзїнчє тїртпєшїмдї билет да. - Эй, Жээнбек, мени ала кетчи. Силердин їйїўєргє эле барып жатып алайын. Ушул кебетемди кїйєєм кєрсє мени єлтїрєт. Салиянын колдорун катуу кармап бошоттум. Мен анын кєкїрєгї соо, беркиге билдирбейин деген аракетин байкадым. - Эй, Салия, сен качан кїйєєўдєн коркчу элеў? Кайра сен аны сабаарсыў. - Ошону айтсаў. Эгерде корккон болсоў ичпейт болчусуў. Ал кайра мага жакындады. Мен болсо катуу кага сїйлєдїм:

- Сендей мастан кїйдїм. Колуўдагы аракты дагы иче турган болсоў, Жээнбек экєєбїз айылдаш экениўе карабай дал ушул жерге таштап кетебиз. Жээнбек кїлдї. - Анткениўе коркуп кала турган Салия эмес. Бул ичип алганда экєєбїздї коркутаар. - Ушуга теўелгиче... Ушул дагы аялбы, каракчыга окшоп!.. Салия ушул сєзїмє намыстанып кеттиби, Жээнбекке билгизбей катуу чымчып алды да сулайган бойдон бут алдыма жатып алды. Мени кармалап тургузсун деген аялдык амалы окшойт. Жээнбек болсо эч нерсени байкабай, бакылдаган бойдон троссту машинасына байлап жатты. - Салия сенин машинаўа эле отуруп алсынчы, бирге кетесиўер да. Тур эй! Жанына барып кармалабасымды сезсин деп корсулдадым. Ал ордунан тура албай жатты. Чындап элеби же калппы, биле албадым. Жээнбек жаныбызга басып келди. - Гїлдєй жайнаган келин эле. Байкуш аракка берилип кетти. Бїт тїйшїк ушунун мойнунда. Ушуга кїйєєсї кїнєєлї, - деди Жээнбек калыс сєзїн сїйлєп. - Эркек болуп їй-бїлєєсїн багалбаса, аялы ичсе, байкуш балдардын шору. Жээнбек машинамды сїйрєтїп келип їйгє таштады дагы, экєє кетишти. Салиянын кїйєєсї эч нерсеге эби жок, ичип койот. Анткени менен арам ой эмес. Ак кєўїл далдаўдаган неме. Салияны жек кєрїп калдым. Эми їйгє жолобостурсуў. "Сенин эмне балээў бар, унуталбай койдум, сени менен болгум келет” деген сєзї кулагымда жаўырат. Тообо десе, киши укпасын муну. *** Акманай айткандай, аялды алдап коюш оўой экен. Аял жакшы сєздїн кулу тура. Мен болсо антип эки жїздїїлїккє баралбаганымдан урушчу белек. Алтын чынжырды тагынгандан бери байкушум башкача болуп калды. Анын мойнундагыны кєрїп, айылдаш аялдардын кєзї кїйєт. Салияны ошол бойдон кєрє элекмин. Єзї дагы їйгє жолобой калды. Бирок ага ишенич жок. Ичпей жїрїп, бир кїнї ичип алганда, уят-сыйытты жыйыштырып коюп кирип келиштен кайра тартпайт. Бир жолу уйду бадага кошкону баратсам, ал уйун кошуп, аялдар менен бирге келатыптыр. Уялып, карабай, жер тиктеп єтєт бекен дедим эле.

Сынак

“АЛТЫН КЇЗ” СЫНАГЫНДАГЫ АСКЕРЛЕР таштап, кадимки артисттерден кем калбаган курсанттар залга романтика тартуулашты. «Манастан Чубак кем бекен» демекчи, образга кирип, анчамынча манасчыларды артка таштай турган курсанттардын Манас айтышы «дух» берип, кыргыздын чыныгы уулдары экенин дагы бир ирет баса бел-

Адамга талант бир пайыз эле берилсе, 99 пайызы эмгектен болуш керек демекчи, ар бир адамда єзїнє тиешелїї талант бар. Келечекте мекениме кызмат кылам деген, алдыга эми кадам таштап, Ата-Журттун коопсуздугун бийик туткан, келечектеги генерал, майорлор Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Їсєнбеков 15-ноябрь, 2013-жыл

атындагы аскер институтунун 1-курсунун курсанттары «Алтын кїз» конкурсунда єздєрїн кєргєзїштї. Баштаганда эле бири єйдєдєн тїшсє, бири курал кєтєрїп, бири кыргыз байрагын бийик желбиреткен курсанттар кєрїїчїлєрдїн кєўїлїн бурду. Селкилерди имере бийлеген вальс учурунда жеўил кадам

гилешти. Андан соў бийчи жигиттер чыкканда кадимки эле бийчилер бийлеп аткандай сезим калтырышса, курсанттардын ушундай таланттуулугуна таў калдык. Битбокс жандуу музыкадан баштап, улуттук аспаптарда кол ойнотуп, жандуу їн менен обон созгон жигиттер филармониянын артисттеринен ашса ашат, бирок кем

калышпайт экен. Бийди катырып бийлеп, ырды созуп жат-

кан курсанттар тамаша жагын да алдырышкан жок, КВНщиктерден кем калбаган жигиттер кєрїїчїлєрдї кїлкїгє бєлєсє, «Бишкегим» аттуу ырды ырдаганда єйдєдєн жалбырактар тїшсє, кыргыз желегин бийиктен тїшїргєндє залда отургандар коштоп жиберишти. Айтор, элге жакшы маанай тартуула-

ган курсанттарга ыраазы эле болдук. Аскер адамдарын буйрук берип, буйрук аткаргандан жана тизилип баскандан башканы єздєштїрє албаса керек дегендер жаўылышат, анткени бул конкурсту кєрїп отуруп, бир чети курсанттарга, бир чети жоктон

барды тапкан окутуучуларына ыраазы болот экенсиў. Кантсе да буга мындай таланттуу курсанттарды окутуп жаткан институттун салымы чоў экенин эч ким тана албайт, ага катар 1-курстун башчысынын да бир топ эмгеги кетсе керек. Нурдана БЕГИМААЛИЕВА


СКАНВОРД

15

15-ноябрь, 2013-жыл


16

ТАСМА

Аскарбек КЇРЇЧБЕКОВ, режиссер:

“КЕГЕТИ ТООСУНДА БАШКЫ КААРМАНДЫ ОЙНОГОН ЖИГИТТИ ЖОГОТУП ЭСИБИЗ ООДУ” тїрдїк. Айтайын дегенибизди ар бир кино кєрїїчї тасмадан кєрїп биле алат. – Кыргызстанда биринчи жолу 3 D форматында тасма тартылып жатпайбы, кандай єзгєчєлїктєрї бар? – Єзгєчєлїктєрї албетте арбын. Али эч ким колдоно элек эффекттер колдонулду. Кооз жарыктар адамдын кєўїлїн ачат. 3д

14-ноябрдан тарта Кыргызстандын кинотеатрларында “Бархатный сезон” деген аталыштагы 3 D форматында тартылган алгачкы кино кино сїйїїчїлєрїнїн сынына коюлду. Аталган тасманын режиссёру Аскарбек Кїрїчбековдон тасма туурасында тємєнкїлєрдї айтты.

- Аскарбек мырза, алгач кино туурасында кененирээк маалымат берип кетсеўиз? “Бархатный сезон” деген аталыштагы тасманы тартуу идеясы кандайча пайда болгон? - Бул фильмдин идеясын Талант Рысалиев экєєбїз таап, чогуу сценарий жазууга кириштик. Кєптєн бери жаштар чєйрєсїнє ылайыкталган жакшы бир тасма тартсакпы деп жїргєнбїз. Талант сценарийин баштап андан ары баарыбыз жазып баштадык.

Ыраматылык Ренат Тентимишев

эки жыл бою тарттык. Керектїї техника камераларды изилдеп чыгып толук їйрєнїп, анан баштаганбыз. Албетте мунун баарын жасоо оўойго турбады. Анткени 3д форматы менен тартканга атайын камералар керек экен. Ал ка-

- Техника жактан кыйынчылыктар болдубу? – Ооба болду. Бирок биз атайын окуп чыгып, техника тилин издеп таптык. 3д технологиясы їчїн Кыргызстанда керектїї техникалар аз экен ошондуктан сырттан алып келип аттык. да аралашып калды. Фильмди

мералар Кыргызстанда жок болгондугу їчїн чет єлкєдєн ижарага алып келип тарттык. - Тасманын стилистикасына токтоло кетсеўиз, кадр менен эмнени айткыўыз келди? - 3д форматы менен Кыргызстандагы кино дїйнєсїнє жаўы нерсе киргизели дедик. Себеби биз жєнєкєй форматтагы кино кєрїп жатканда дїйнє эли а тургай коўшулаш мамлекеттер эчак тартып жатышат. Биз деле башкалардан кем калышпай тартууга киришкенбиз. Албетте жаўы идеялар жаштардын башынан чыгат эмеспи. Тынымсыз аракетибиз менен тасманы тартып бї-

15-ноябрь, 2013-жыл

форматы кєз айнек менен кєрїлїп, ар бир кадр 3 эсе кєлємдїї кєрїнєт. Ушунусу менен кызыктуу болот.

– Тасма башталгандан бїткїчєктї болгон кызыктуу окуялар, кыйынчылыктар туурасында да айта кетпесеўиз болбойт го?.. – Кыйынчылыгы сценарий жазып баштаганда эле башталган. Биз єзїбїз курактуу жаштардын маселесин канткенде кызыктуу жеткиликтїї чагылдыра алабыз деп кєптєгєн драматург агалардын сынынан єттїк. Андан сырткары тартуу учурунда Стамбулд а 1 кїн ачка калдык. Ага деле ка-

йыл болуп ийгиликтїї бїтїрїп келгенибизге сїйїндїк. Кегетинин бийик тоолорунда суукка тоўуп тартып атып, башкы каарман жана тасманын режиссёру Талант Рысалиевди жоготуп алып їрєйїбїз учту. Ат менен кошо єзї жок. Карышкыр жойлогон ээн тоолордо оюбузга жаман нерселер келип эсибиз ооду. Турцияда жїргєндє оператор балабыз жоголуп кетип араў табылды.

– Экс-депутат Максат Кунакунов каржылаганы чынбы? – Биздин топ башында єзїбїз тартып баштаганбыз. Андан кийин Максат байкеге кайрылдык. Ал биздей чыгармачыл жаштарды колдой берээрин билдирип, макул болду. Максат байке тасманын продюссери катары аягына чыгарууга жардам берди. Гезиттен пайдаланып Максат байкеге ыраазычылык билдирип кетебиз. Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА

Айбат - коомдук-саясий гезити №53  

Айбат, Кыргызстан, Бишкек, газета, аймак, саясат, коом, экономика, маданият, шоубизнес, маек, bekturb

Read more
Read more
Similar to
Popular now
Just for you