Айбат - коомдук-саясий гезити №125

Page 1


2

АЙБАТ ПРЕСС

А.КАЛМАТОВ ЕКПАнын МИГРАЦИЯ ИШТЕРИ ЖАНА КАЧКЫНДАР БОЮНЧА БАЯНДАМА ЖАСАДЫ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўешинин Коррупцияга каршы аракеттенїї боюнча комитетинин тєрагасы Анарбек Калматов бїгїн, 23-апрелде Европа Кеўешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Миграция иштери жана качкындар боюнча комитетинин тєрагасы Т.Мариани менен жолугушуп,

аталган комитеттин жыйынында баяндама жасады. Жогорку Кеўеш депутаты А.Калматов жасаган баяндамасында Кыргызстанда демократияны єнїктїрїїгє жана экономикалык кырдаалга, улуттар аралык ынтымакты бекемдєєгє, жумушсуздук менен миграцияны кыскартууга багытталып жїргїзїлгєн мамлекеттик саясаттын натыйжаларын белгиледи. Ошону менен катар А.Калматов аталган комитеттин мїчєлєрїнїн Кыргызстандагы парламентаризмди єнїктїрїї келечегине, жалпы саясый абалга жана миграция маселелерине кызыгып узаткан суроолоруна жооп берди. ЕКПАнын Миграция иштери жана качкындар боюнча комитетинин тєрагасы Т.Мариани Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды бєлїшкєн маанилїї єнєктєш болуп саналаарын баса белгиледи.

Юстиция министриЖылдыз Мамбеталиева; Социалдык єнїгїї министри — Кудайберген Базарбаев; Айыл чарба жана мелиорация министри — Таалайбек Айдаралиев; Энергетика жана єнєр-жай министри Кубанычбек Турдубаев; Тышкы иштер министри — Эрлан Абдылдаев; Єзгєчє кырдаалдар министри — Кубатбек Боронов; Танспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов (жакында кызматтан кетти) Каржы министри – Ольга Лаврова (жакында кызматтан кетти) Єкмєттїн Аппаратынын башчысы Нурханбек Момуналиев. Ошондой эле єкмєттїн курамына Коргоо министри Абибила Кудайбердиев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын башчысы Бусурманкул Табалдиев кирет. Бирок буларды єлкє башчысы дайындайт.

Коммерциялык директор:

Гезит ээси:

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл

ОТОРБАЕВ КУМТЄР БОЮНЧА ОТСТАВКАГА КЕТТИ Жогорку Кеўештин тєрагасы Асылбек Жээнбеков Жоомарт Оторбаевдин отставкасын Кумтєр маселеси менен байланыштырды. Бул тууралуу тєрага парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, Оторбаев єкмєт башчысы катары Кумтєр маселесин чече алган жок: - Сизди отставкага кетирген негизги маселенин бири Кумтєр маселеси болду. Эки жыл бул маселени єкмєт чече алган жок. Сизге чейин Жантєрє Сатыбалдиевдин єкмєтї да аягына чыгара алган эмес, - деп Оторбаевге кайрылды.

кирїї маселеси дагы єкмєт башчынын отставкасынан улам эч кандай кечеўдебейт. Ага кирїї тууралуу документке вице-премьер-министрлердин бирєєсїнїн кол коюп койгону деле жетиштїї болот…

ТОКТОГУЛГА СУУ ТОЛУУДА Єткєн жылдын кургакчыл болуп, анын кесепетинен суу сактагычта суунун азтоптолушу энергетикалык кєйгєйдї жаратып, кыш мезгилинде коўшулаш Казакстанданэлектр энергиясын сатып алууга мажбур кылганы жашыруун эмес. Мындай табияттынсыноосу айрым єздєрїн энергетика жаатындагы эксперт катары санашканмекендештерибиздин чырагына май тамызып, бийликти колдорунан келишинче шыбапжатып калышканын кєрдїк. Алардын маал-маалы менен атайылап бул теманы козутуп,коомчулуктун кєўїлїн бурдуруу їчїн, башаламандыкка їндєє максатында жасаптурган билдирїїлєрї бет пардаларын сыйрып, кимдин ким экендигин кєргєзїпкойгондой болду. Ошондой кыштан калган “жомогун” кече жакында эле ЭрнестКарыбеков єўдїї эксперт чалыш билдирип “Токтогул суу сактагычында суунун кєлємїкескин

Бектур БАЙМОЎОЛОВ (0772) 16 11 00

Веб-сайт: www.AIBAT.kg

Редакциялык жамаат:

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: aybatkg@mail.ru

Акинай АЙДАРОВА Рахатбек РЫСАЛИЕВ Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА Дамир ЭСЕНГУЛОВ Мирбек АСАНАЛИЕВ Мирбек МАМБЕТОВ

Асылбек Жээнбеков Оторбаевдин отставкасын Кыргызстандагы жаўы саясий маданиятты тїптєдї деп кошумчалады. Бїгїн Жогорку Кеўеште премьерминистр Оторбаев отставкага кетерин жарыялаган. Оторбаев былтыр апрелде “Мамлекеттїїлїктї бекемдєє” парламенттик коалициясы тарабынан кєрсєтїлїп, дайындалган. Бул коалиция КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциясы кирет. Эми мыйзам боюнча єкмєт курамы толугу менен отставкага кетет. Булак: “Азаттык” радиосу

ЄКМЄТ БАШЫНА ТЕМИР САРИЕВ ЖЕ КАЛЫКБЕК СУЛТАНОВ КЕЛИШИ КЇТЇЛЇЇДЄ 23-апрелде Жоомарт Оторбаев премьер-министрлик кызматтан єз каалоосу менен кете тургандыгын жарыя кылды. 2010-жылдан бери карай эсептегенде «Кумтєр» маселеси їчїн ушуну менен экинчи єкмєт башчысы отставкага кетип отурат. Ал эми жаўыдан гана бошоп, али ысыгы кете элек премьерлик кызматка учурдагы финансы министри Темир Сариев же болбосо мурдагытранспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов келиши мїмкїн экендиги ишенимдїї булактардан келе баштады. Баса айта кетїїчї дагы бир жагдай – Жоомарт мырзанын отставкасы учурдагы коалициялык кєпчїлїктїн ыдыроосуна себепкер боло албайт. Бул туурасында Феликс Кулов єзї билдирди. Анын айтымында эки жуманын ичинде коалициялык кєпчїлїктїн курамы жолугуп, жаўы премьерди шайлашат. Ал эми Евразия экономикалык союзуна

ЄКМЄТ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Єкмєт башчысы кызматтан кеткенден кийин мыйзам боюнча анын курамы да толугу менен отставкага кетет. Ал эми єкмєттї кызматтан кетїї тууралуу арызын президент кабыл алышы керек. Учурдагы єкмєттїн курамы: Єкмєт башчысы – Жоомарт Оторбаев; Биринчи-вице-премьер-министр - Тайырбек Сарпашев; Экономикалык блок боюнча вицепремьер-министр - Валерий Диль; Социалдык маселелер боюнча вицепремьер-министр Дамира Ниязалиева; Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр - Абдырахман Маматалиев; Маданият, маалымат жана туризм министри - Алтынбек Максутов; Экономика министри— Темир Сариев; Ички иштер министри – Мелис Турганбаев; Саламаттыкты сактоо министриТалантбек Батыралиев; Билим жана илим министри — Эльвира Сариева; -Жаштар жана мигарция министри — Айбек Азыранкулов;

Асылбек Жээнбеков, ЖК спикери:

Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

тємєндєп, ГЭС авариялык абалга кептелип калды” деп кыйкырып чыккан.Кудайга шїгїр, калп эле кїйїмїш тїр кєрсєтїп атышканы менен “ГЭСте авария болупкетсе экен” дегендей эле тилекте турган мындай адамдардын тилектери таш капты.Тактап айтканда “Электр станциялар” ААКсынын расмий билдирїїсї боюнча ушулжылдын 20-апрелинде суу сактагычка агып кирип аткан суунун кєлємї секундасына410 куб метрди тїзгєн. Чыгымдалып жаткан суунун кєлємї болсо 264 куб метрди тїзєтэкен. Демек, чыгымдалып аткан сууга караганда агып кирип аткан суунун кєлємїэки эсеге жакындап барат. Расмий маалыматка караганда мындай агып кирип аткансуунун кєбєйїшї октябрь айына чейин уланат. Андыктан келерки кыштын алдындабуйруса суу сактагыч сууга мелт-калт болуп толуп калат деген ишенимибиз бар...

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №1035

Нускасы: 1500


3

ЭЛДИ ОЙЛОБОЙ ЄЗЇН ОЙЛОГОНДОР...

КООМЧУЛУК «ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕКТИН» “ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕКТИН” ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖАНА КООМЧУЛУККА ЖАСАГАН ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ НААРАЗЫ КАЙРЫЛУУЛАРЫНДА КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТЇЗЇЛЇШТЇ БУЗУУ ЧАКЫРЫКТАРЫ БАРБЫ?

Акыркы кездеги “Вечерний Бишкек” басма їйїнїн айланасындагы чуулгандуу окуянын кайра кїчєп баштагандыгынан улам коомчулукта ар кандай кєз караштар кїч алды. Бул сапар“Вечерний Бишкектин” башчысы Александр Кимдин президенттин айланасындагылардын дарегине карата ар кандай сєздєрдї айтуусу коомчулуктун кыжырын кайнатты. Натыйжада элдин жалпы биримдигин сактоо їчїн “Элдик Сакчы”, “Патриот”, “Мекен їчїн” жана “Таза Коом їчїн” коомдук бирикмелери АКИпресс маалымат агенттигинде “Вечерний Бишкектин” жетекчиси Александр Кимдин акыркы кездердеги ишмердїїлїгї тууралуу маалымат беришти.

Маалымат жыйынында коомдук бирикмелер жана орус тилдїї журналисттердин кайым айтышуусунун курчуп кетиши атайын “Вечерний Бишкек” гезитинин кызматкерлери тарабынан Александр Кимдин кызыкчылыгында даярдалган суроолору себеп болду. Ал эми “Элдик Сакчы” коомдук бирикмесинин тєрагасы Алга Кылычевдин кєз карашында Александр Ким качкын президент Курманбек Бакиевдин жана анын уулу Максимдин кызыкчылыгын коргоп жаткандыгынан шеги жок экенин айтат. Тємєндє маалымат жыйынында айтылган пикирлердин маанилїїлєрїн беребиз.

Алга Кылычев, “Элдик Сакчы” коомдук бирикмесинин тєрагасы:

“АЛЕКСАНДР КИМ ЭЧ КАНДАЙ БИЗДИН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗЫКЧЫЛЫКТЫ ОЙЛОБОЙ КОММЕРЦИЯЛЫК ЖОЛДУ КЄЗДЄП, ПРЕЗИДЕНТТИН ОБРОЮНА ШЕК КЕЛТИРИП ЖАТАТ” - Акыркы кездердеги Вечерний Бишкек газетасынын ишмердїїлїгї, анын тегерегиндеги талаш тартыштар тууралуу эмес, Александр Кимдин єзїнє кайрылуу жасайбыз. “Урматтуу Александр Ким сиз жеке кызыкчылыгыўызды ойлоп, сырткы басма сєз кызматтары аркылуу Белорусиянын президентине жана Россиянын президентине кайрылуу кылууўуз президентти жана Кыргызстандыктарды сыйлабагандык гана болбостон, мыйзам бузуу да болуп саналат. Ал эми президенттин айланасындагы адамдарды президенттин кооптуулугун жаратып жатат деп айтуу сиздин жеке кызыкчылыгын коргоп

жатат деп тїшїнсєк болот. Ким мырза Максим Бакиевдин кеўешчиси болуп турган учурда “Вечерний Бишкек” газетасынын кєп акциясын єзї тарабына оодуруп алганын билебиз. Ушундан улам Александр Кимдин жеке ишмердїїлїгїн, канча салык тєлєп жаткандыгын Башкы Прокротура текшерип чыгуусун талап кылабыз. Андан тышкары “Вечерний Бишкектин” имараты жайгашкан мурдагы балдар бакчасын мамлекетке єткєрїп берїїнї сурайбыз. Биз эч кандай кызыкчылыктын негизинде эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп кайдыгер карап турбай маалымат берїїнї чечтик.

Рысбай Сарногоев, “Таза коому їчїн” коомдук бирикмесинин жетекчиси:

“БИЗ КИМ БАКИЕВДИ КОЛДОСО ОШОЛОРГО КАРШЫ ЧЫГАБЫЗ” - Биз эч кандай журналисттерди экиге бєлїп жаткан жокбуз. Бул жердеги Кыргызстандагы журналисттер шылдыўдагандын ордуна кыргызча сїйлєгєндї єзї їчїн да билиши керек. Эгер мындай сєзгє тїшїнгїсї келбеген журналисттер болсо Россияга кетип, ошол жакта иштесин. Биз ким Бакиевди колдосо ошолорго каршы чыгабыз Тариель Исаков, “Патриот” коомдук бирикмесинин жетекчиси:

“БУЛ ЖЕРДЕ АЛЕКСАНДР КИМ ЭЧ КАНДАЙ ЭЛДИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН ОЙЛОГОН ЖОК”

- Александр Ким жалпы кыргыз журналистикасын орус тилдїї жана кыргыз тилдїї деп бєлїп жатат. Анын мындай бєлїїгє эч кандай акысы жок. Биз “Вечерний Бишкек” газетасын, маалымат порталын эч кандай жаман деп жаткан жерибиз жок. Ал жакта мыкты журналисттер коомдук пикир жаратып жаткандыгын билебиз. Анткени, акыркы кезде ал жактын кызыкчылыгы батыштын кызыкчылыгын коргогону байкалып калбадыбы. Ошондуктан биз, Бакиевди ким колдоп жатса аларга каршы чыгабыз. Америкадан жїк келгенде деле биринчилерден болуп “Вечерний Бишкек” жазып чыкты, алардын кызыкчылыгын коргоду. Эгер ошонун жыйынтыгында кыргызстанда чоў баш аламандык башталып кетсе Александр

Кимге окшогондор качып кетет. Бул жерде Александр Ким эч кандай элдин кызыкчылыгын ойлогон жок. Ойлосо мындай иштерге барбайт эле.

Он чакты жылдан ашуун убакыт мурун Акаевдин кїйєє баласына тарттырып жиберген «Рубикон» компаниясындагы 50 пайыз їлїшїн Бакиевдин убагында да кайтара албай, тескерисинче бир убактагы єнєктєшї Александр Кимге алдырып жиберген Рябушкин мыйзам чегинде єзїнїн їлїшїн сот аркылуу алгандан бери «Вечерний Бишкек» басма їйї тынч эмес. Аталган компаниянын жетекчиси Александр Ким жана анын командасы адегенде президентке, андан соў жалпы коомчулукка кайрылуу жасады. Анда ачык эле президенттин айлданасындагы айрым адамдарга айып тагып, андан сырткары коомчулукка «бир ууч топтогу адамдардан мамлекетибизди сактайлы» деген чакы-

рыктар дагы жасалды. Кайрылуунун жалпы маанисинен алып караганда бїгїнкї кїндє сєз эркиндигине кысым болуп жатыптыр. Анан дагы бир ууч топ гана бизди башкарып, каалаганын кылып жатат экен. Албетте, мындай кєз караш менен учурда калкыбыздын бери эле дегенде 80 пайызы макул эмес. Эч кандай сєз эркиндиги кысылган жок. Мурдагыдай кимдир-бирєєнїн бизнесин кїчкє салып тартып алуу деген нерсе токтогон. Ал эми «Вечерканын» айланасындагы талаш – булл жєн гана эки адамдын їлїш талашы, чарбалык маселе. Андыктан жогоруда аталган эки кайрылууда конституциялык тїзїлїштї бузуу чакырыктары бар, же жок экендигин Улуттук коопсуздук комитети текшере тургандыгы малым болду. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов маалымат булактарына билдирген. Кайрылуудагы чакырыктарга экспертиза жїргїзїлїп, андан соў укуктук баа берилет. Албетте ага чейин бир беткей пикир айтуудан алыс болуп туралы. Ошентсе да «Вечерканын» жамааты учурда эптеп эле элдин толкундоосун жарата албай жатышкандыгы байкалууда…

ЧУЙ-БИШКЕК ЮСТИЦИЯЛЫК БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ «Жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине» Өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталышын колдонгон жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактар 1 жылдын ичинде өзүнүн аталышын өзгөртүүгө милдетүү» 2014-жылдын 21-апрелинде кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Граждандык кодекстин 89-беренесине толуктоо киргизилди, ага ылайык жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактар өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталышын колдонууга укуксуз (мисалы: «Президент», «Премьер-Министр», «Министр», «Статс-катчы», «Омбудсмен», «Спикер», «Башкы прокурор», «Жогорку Кеӊеш», «Өкмөт», «Прокуратура», «ИИМ», «Мэрия», «Айыл өкмөтү» ж.б.у.с.). Өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталыштарын колдонгон жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактар аталган Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдын ичинде юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн аталышын өзгөртүүгө милдеттүү. Аталган Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып, өзүнүн аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу бир жылдын ичинде белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өтпөгөн юридикалык жактар, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл


4

КАЙРЫЛУУ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАРЛАМЕНТ ЄКЇЛДЄРЇ БАКИЕВДЕРДИ ЭКСТРАДИЦИЯЛОО БОЮНЧА ЕКПАга КАЙРЫЛЫШУУДА Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин тєрагасы Каныбек Иманалиев жетектеген делегация Европа Кеўешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) жазгы сессиясына катышууда. Делегациянын курамында ЖКнын Коррупцияга каршы аракеттенїї боюнча комитетинин тєрагасы Анарбек Калматов жана Эл аралык иштер боюнча комитетинин мїчєсї Бахадыр Сулайманов бар. ЕКПАнын пленардык жыйынынын алгачкы кїнї Кыргызстандын парламенттик делегациясынын башчысы К. Иманалиев чыгып сєз сїйлєдї. Ал 2010-жылы Кыргызстан єлкєнїн єнїгїї багытын аныктаган бир канча окуяларды баштан єткєргєнїн айтып берип, 2015-жылдын 7-апрелинде Элдик революциядан бери туура беш жыл єткєнїн эске салды. «Бакиевдер тынч митингге чыккан адамдарды атууга жекече буйрук беришкен. Бул окуя алардын кандуу режиминин жеткен чеги болчу. Ал кїнї тынч жїргєн жарандар атып єлтїрїлгєн. 120 киши окко учуп, 1 миўден ашуун адам жарадар болгон. Президент Бакиев, Мамлекеттик сакчылык кызматын жетектеген анын бир тууганы Жаныш, улуу уулу Марат єлкєдєн качып чыгышкан. Єз мекенинде алар кызматынан ашыра пайдалануу менен коштолгон массалык киши єлтїрїї боюнча айыпталып, эл аралык издєєгє берилген», - деди К.Иманалиев. Ал авторитардык башкаруу учурунда бакиевдерге жакпаган адамдар опузага кабылып, майып болуп, єлкєдє бир топ депутаттар, ишкерлер жана журналисттер киши колдуу болгонуна кєўїл бурду.

«Бакиевдер жана алардын коштоочулары бир катар Европа мамлекеттеринде баш паанек тапкан. Курманбек Бакиев їй-бїлєсї менен кошо Беларуста жашайт, анын айрым жакындары Улуу Британияда турат», - деп, К.Иманалиев Европа Кеўешинин Парламенттик Ассамблеясына бакиевдерди экстрадициялоодо Кыргызстанды колдоого їндєдї. «Кыргызстандын тынч жїргєн жарандарынын канына забын болгон Бакиев жана анын жан-жєкєрлєрї кылмыш жообуна тартылып, жазасын алышы керек. Тилекке каршы, курман болгондорду биз кайра кайтарып келе албайбыз, бирок силердин жигердїї жекече кємєгїўєр менен адилеттикти калыбына келтирїї колубуздан келет. Кыргызстандын эли Сиздерге чексиз ыраазы болот», - деди К. Иманалиев. «Саламаттык сактоого, билим берїїгє жана инфраструктурага жумшалмак болгон жїз миллиондогон доллар жок болду. Элден уурдалган бул акчаны єлкєдєн К. Бакиевдин їй-бїлєсї мыйзамсыз чыгарып кеткен», - деп кошумчалады парламенттик делегациянын башчысы. Акыркы убакта байкалгандай, ар кайсы єлкєлєрдїн жетекчилери мыйзамсыз топтогон каражаттар дїйнєлїк коомчулуктун, Евробиримдиктин жардамы менен єз мекенине кайтарылууда. К.Иманалиев бул боюнча Африка жана Азия єлкєлєрїн мисал келтирди. Европа Биримдиги Украинанын мурунку жетекчилигинин активдерин тоўдуруп салган да жайы бар. Сессияда тєрагалык кылган ЕКПАнын вице-тєрагасы Р.Руке кыргыз делегациясын Кыргызстанга жакында ыйгарылган «Демократия боюнча єнєктєш» статусунун алкагында ЕКПАнын пленардык сессиясында сїйлєнгєн алгачкы сєз менен єз атынан куттуктады. Ошондой эле Р.Руке

Феликс Кулов:

“ЖАЎЫ ЄКМЄТ БАШЧЫСЫН ТАНДООДО ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН КЕЎЕШЕБИЗ”

Парламенттеги кєпчїлїк коалиция азырынча єкмєт башчысынын талапкерлигин карай элек. Бул тууралуу Жогорку Кеўештеги “Мамлекеттїїлїктї бекемдєє” кєпчїлїк коалициясынын лидери Феликс Кулов “АКИpress” маалымат агенттигине билдирди. «Мыйзам боюнча єкмєт башчысы кызматтан кетсе коалиция тарайт деген норма жок. Коалиция єкмєт башчылыкка кимдир бирєєнїн талапкерлигин сунуштайт.

№ 125 • 24-апрель, 2015-жыл

Азыр бул боюнча эч кандай сїйлєшїїлєр жїрє элек. Менин оюмча мындай сїйлєшїїлєр дїйшємбї кїнї башталат”, - дейт ал. Ошондондой эле єкмєт башчыны тандоодо президент менен сєзсїз тїрдє макулдашуу болорун билдирди. “Сєз жок премьер-министрди тандоодо президент менен кеўешебиз. Бул кызматтык этикага негизделген нерсе. Ансыз болбойт. Коалиция кайсы бир талапкерге токтолгондо сєзсїз тїрдє президент менен макулдашабыз. Єлкє башчысы менен кеўешїї бул саясаттагы жазылбаган эреже”, - дейт ал. Ал эми Кулов буга чейин маалымат каражаттарында Тайырбек Сарпашев менен Калыкбек Султановдун єкмєт башчылыгына кєрсєтїлїп жатканы тууралуу маалыматка комментарий берген жок. “Мен азыр эч нерсе айта албаймын. Менде алдын ала талапкерди сунуштоо жана алардын атын атоо укугу жок. Эгер андай кылсам бул кєрїнїш мен тараптан кеткен чекилик болуп калат. Бирок, кийинки жумада кимдин єкмєт башчылыкка бара турганы боюнча маалыматты айтабыз”, - деп белгиледи ал.

ТАМЧЫ КАБАР Êàçàêñòàíäàãû àâòîæîë êûðñûãûíàí êàçà áîëãîí Ð.Äàðáåøîâäóí ¿é-á¿ëºñ¿íº ïðåçèäåíò òàðàáûíàí æàðäàì êºðñºò¿ëä¿ *** ÊÒÐÊãà îðóñ òåëåêàíàëûí òàðàòóó òàïøûðûëäû *** Êûðãûçñòàíãà Ïîëüøàäàí òàøûëûï êåëàòêàí àëìà Îðóñèÿäà êàðìàëóóäà *** Êûðãûçñòàíäà ýíå ºë¿ì¿ êºáºé¿¿äº *** Êûðãûçñòàí ýêñ-ìóôòèéäè ºòêºð¿ï áåð¿¿í¿ Êàçàêñòàíäàí ºò¿íä¿ *** Êàçàêñòàíäà æîë êûðñûãûíàí êàçà áîëãîí 4 æàðàíäûí ñººã¿ àëûíûï êåëäè *** À.Ìàêñóòîâ: “Êûðãûçñòàí ñàíàðèïòèê òåëåãå ºò¿¿ãº òåõíèêàëûê æàêòàí äàÿðäîî èøòåðè æ¿ð¿ï æàòàò” *** Ìåêòåïòåðäèí 84% î¢äîï-ò¿çººãº ìóêòàæ

жакын арада ЕКПАнын делегациясынын курамында Кыргызстанга келип кетїїгє убада берди. 21-апрелде КР Жогорку Кеўешинин делегациясы ЕКПАнын Миграция, качкындар жана калктын жайгашуусу боюнча комиссиясынын катчылыгынын жетекчиси А.Ноллингер менен жолугушмакчы. Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасы 2014-жылдын 8-апрелинде ЕКПАнын «Демократия боюнча єнєктєш» статусун алган. Бул статустун ыйгарылышы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўешинин ЕКПА менен чогуу жїргїзгєн ырааттуу ишинин натыйжасы болду. Жогорку Кеўештин Басма сєз кызматы

Сайдулла НЫШАНОВ, ЖК депутаты, “Ата мекен” фракциясы:

“ЭКС-МЭР И.ЄМЇРКУЛОВ ПРЕМЬЕРЛИККЕ ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЮШУ ЫКТЫМАЛ”

*** Íàðûí îáëóñóíäà ìàë êºáºé¿ï, æàéûòòàðäûí ÷à¢û ÷ûãûï êàëäû *** Íàðûíäà ºòº æàêûð ¿é-á¿ëºëºð áèð æûëäà 2,4 ïàéûçãà êûñêàðãàí *** Íàðûíäà æóãóøòóó îîðóëàðäûí 622 ó÷óðó êàòòàëäû *** ÆÊ âèöå-ñïèêåðè ïàðëàìåíòòèê øàéëîîäî àÿëäàðäû àêòèâä¿¿ áîëóóãà ÷àêûðäû *** Êàðàêîëäî ñïîðò÷óëàð ìèòèíããå ÷ûêòû *** ×ûíãûç Àéòìàòîâäóí ûñûìûí Êàðàêîëäîãó áîðáîðäóê ñêâåðãå áåð¿¿ ñóíóøòàëóóäà *** Ïàìèðëèê êûðãûçäàðäûí 10 áàëàñû Êûðãûçñòàíäà îêóéò *** Êóìòºð áîþí÷à ñóíóø æºíºòêºí Êëýíâèëüÿì êåëäè *** Êàçàêñòàí Îðóñèÿíûí îðòîê àê÷à áîþí÷à ñóíóøóí ÷åòêå êàêòû *** Åâðîêîìèññèÿ: “Ãàçïðîì” êåëèøèìäåðäè òà¢óóëàãàí *** Êèåâäå øàõòåðëîð äåìîíñòðàöèÿãà ÷ûãûøòû *** Ïàêèñòàíäà 47 òàëèï ºëò¿ð¿ëãºí¿ êàáàðëàíäû

Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Иса Ємїркулов дагы премьер-министрликке талапкерлигин коюшу ыктымалдыгын “ата мекенчи” Сайдулла Нышанов билдирди. Анын айтымында, парламентте ушундай кептер жїрїп атыптыр. Ошондой эле Нышанов “Ата мекен” фракциясы бїгїнкї жыйында башбакандыкка талапкерин тандамакчы.

*** Ìàêåäîíèÿäà æóðíàëèñòòåð êåñèïòåøèí êîëäîï íààðàçûëûê àêöèÿñûíà ÷ûãûøòû *** Åâðîêîìèññèÿ "Ãàçïðîìäó" àòààíäàøòûê ýðåæåëåðèí áóçãàí äåï àéûïòàäû


5

АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН БЕЛГИСИЗ БААТЫРЛАРЫНАН…

НЕПАДАМ ТУУБУЗ ЄРТТЄНЇП КЕТСЕ НЕ БОЛМОК?!.

7-апрелде ар бир ак ниет атуул революцияга єз салымын кошууга аракеттеништи. Революциячыл духу бар адам зордук-зомбулукка каршы чыдап тура албайт болчу. Карысы дебей, жашы дебей, кызы дебей, уулу дебей Ак їйгє аттанышып, кєкїрєктєрїн окко тосуп, революциянын жеўишин камсыз кылышты. Єз элин душмандарындай аткан бийликке наалат айтып келем, єз баштарын єлїмгє байлаган замандаш эр-азамат маркумдарга таазим кылып келем. 7-апрель Кыргызстан мамлекетинин жаўы фундаментин курууга жол ачканына сыймыктанам. Себеби мен катуу жарадар алып, эки-їч айдан кийин эс-учумду жыйып, анан ошол мезгилде єз башыман єткєргєн окуяларды эстеп, теле-радиодогу кєрсєтїїлєрдї кєрїп , уктурууларды угуп, гезит беттериндеги макалаларды окуп чыктым. Улам жазайын деген оюмду башка иштер алагды кылып жатып бир топ мезгил да єтїп кетиптир. Кєпчїлїк байкабай калган бир окуя жєнїндє айтуунун эми кезеги келип тургандай. Кыргыз Республикасынын Туусу – улуттук символубуз, аны кєзїбїздїн карегиндей сакташыбыз керек эмеспи. Тууну алдыруу – бул жеўилиш, ошондуктан ата-бабабыз Тууну сактаганга, коргогонго керек болсо єз жандарын беришкен. Ошондуктан каршылашкан жактар эў биринчи Тууну алууга, керек болсо уурдоого кызыкдар болчу. Туу – элге, аскерлерге моралдык кїч берип турган. Алыс барбай эле мына Улуу Ата Мекендик согушта нечендеген аскерлер Туу менен алга ураалап чыгышып, єлїп баратса да Тууну таштабай бири-бирине єткєрїп беришкен. Рейстахка Туу саюу єтє маанилїї болгонун да тарыхтан билебиз. Бул фашисттик Германиянын жеўилиши болчу. Кийин фашисттердин туулары Кызыл

аянтта Жеўиш парадында єрттєлгєн. Биздин Туубузду 7-апрель революциясы учурунда кандай болду, ким ойлоду десеўиз – кыргыздын академиги Абдылдажан Акматалиев жана анын шакирттери болуп чыга келет. Мен “Фабула” газетасынан “Эркиндикке жетїї оной, аны кармап калуу кыйын...” (2010-жылы 22-июнда) деген аталыштагы белгилїї журналист Баратбай Аракеевдин материалын окуп калдым. Їзїндї келтирейин: “- 7-апрель єлкєбїзгє чыныгы эркиндик алып келди. Баарыбыз жетине албай кубанып турабыз. Єткєн жылдардын митингисинде кїн-тїн жїрдїўєр эле. Бут кийимиўдин жыртылып кеткени да эсимде. Деги 7-апрелде карааныўарды кєрє албадык го?!. - Биз, 2006, 2007-жылдардагы митингдердин катышуучуларыбыз. Анан кантип, бул 7-апрелдеги окуяга катышпай коёлу. Элдин адилетсиз бийликтен жадап, эркиндикти самап, кїтїп келгенин 7-апрелдеги тарыхый окуя даана кєрсєтїп койду. Бул кїнї тїшкє маал ишибизден чыгып, мен, Мукасов, Исмаилов Сокулуктун жаштары менен Ак їйгє чейин бардык. Балдардын революциялык духу бизди да шыктандырды, жан дїйнєбїз аларды кєрїп кубанды, келечекке їмїт бар экендигине ишендик. Жаш жигиттердин деми менен Ак їйгє жетип барсак, ал жактан тарсылдактар угулуп, ок жаай баштады. Ошондо балдардын акыйкаттык, адилеттик,

бїлїнтїп, кан менен ый аралаш болуп турса да, Чыўгыз Айтматов “Саманчынын жолу” повестинде Жеўишти сїрєттєгєндєй Жеўишти биз ат чабыштан озуп келе жаткан атты тосуп алгандай, сїрєп кеттик. Антпеске айлабыз да жок болчу. Эртеси кїнї Мукасов экєєбїз Ак їй тарапка эрте бардык. Ак їйдїн айланасы кан, тїтїн жыттанат. Менин кєз алдыма сїрєттєн кєрїп жїргєн экинчи дїйнєлїк согуштагы Сталинград келе тїштї. Ысык-Кєлдєн, Нарындан келген Койлубаев Келдибек, Абилешов Турус сыяктуу шакирттерибизге жолуктук. Акыйкат, адилет, чындык їчїн кїрєшкєн баатырларга таазим этебиз! - Ошондой эле деп ойлогом да! Жеўишибизди сактап калсак деген ниет жалпы баарыбызда болду. Сен да менчилеп тїйшєлїп чыксаў керек. - 8-апрель єтє коогалуу болду, анткени провакациялар уюштурулуп жатты. “Эмне кылуу керек?!” деген суроо ар бирибиздин кєўїлїбїздє турду. Кечинде белгилїї журналист Каныбек Абдыкадыровго жолугуп калып (манастаануучу Самар Мусаевдин їйїндє, ал киши ошол кїнї дїйнєдєн єтїп кеткен эле) революциянын ийгилиги жана кемчиликтери жєнїндє пикир алыша кеттик. Чоў портфель бєлїштїрїї жїрїп жатат деген сыяктуу чын-тєгїнї аралаш сєз желдей тарап, кыжырданууларды да пайда кылды. Мындай учурда улуттук трагедия болду деп теле-радиодон, басма сєздєрдєн аза кїтїїнї

чындык їчїн баштарын сайып койгон эрдигине, баатырдыгына, кайраттуулугуна, єжєрлїгїнє баа бердик. Бизге болсо “байкелер аягына чейин туралы, кетпегиле, бирге бололу” деп жатышты. Эки-їч жолу сїрїлїп барып токтодук... Жеўиш оўой-олтоў келген жок, жада калса Баткендеги террористтерден да мындай кєп кан аккан эмес болчу. Арман, кайгы, капа жан дїйнєбїздї

жарыялап, туулар тїшїрїлїшї керек, ошондо эл тынчый тїшмєк. Ушул оюбузду Убактылуу єкмєткє билдирип коюу їчїн шаардын коменданты Турат Мадылбековго телефон чалып билдирдик, ал оюбузду кубаттады. Ал эми Каныбек Абдыкадыров теле кєрсєтїїдєн улуттук аза кїтїї жарыяланат деп айтканы кетти. Мурат Мукасов экєєбїз кийинки кїндєрї да аянтка барып жїрдїк,

куран окуттук, бирок бийлик кїсєп тынчый албаган айрым жаштарды, балдарды кєрїп, жан дїйнєбїз муздай тїштї. Алар эптеп эле чыр чыгарууну кєздєп, 300–400дєй бала Убактылуу єкмєт отурган жерди басып алалы дешип да барышты. Эки жаат болуп уруша да кетишти, эптеп убактылуу єкмєт жетекчилеринин бири чыксын деп Эмил Каптагаевге телефон чалдым, дежур болуп турган балдардан суранып, Ємїрбек Текебаевди издедим. Текебаев чыгып он-он беш минут сїйлєп жаштарды тынчытты. Мукасов экєєбїз аянтка келсек, туубуз тїшїрїлгєн бойдон жерге тийип турат, ар кимиси келип анын чекесинен айрып, повязка кылып жатышыптыр, “балким Тууну провакация кылып єрттєп жиберишсе дїйнєгє эмне болот” деген ой менен дароо Турат Мадылбековго телефон чалып, элдик кїзєттєн киши жиберїїсїн, аза кїтїїдє тїшїрїлгєн тууну кайра кєтєрїїнї унутуп калышканын кабарладым, тєрт-беш саат Тууну кайтарып турдук, анан кирип-чыгууга тыюу салынган лентаны таап, тарттырып койдук. Жаштардын лидерлери Чыўгыз менен Дайырга тууну кайтарып турууну єтїнїп, ушул эле оюбузду эў жакын мекеме маданият агенттигинин директору Рыскелди Момбековго кирип айттым, жанында бир афганчы жигит отурган экен.” А чынында ошол учурда аянттагы мамлекеттик Туубуз душмандар тарабынан єрттєлїп жиберилсе, айрылып бєлїнсє, же уурдалып кетсе дїйнєлїк аренага “дїў” дей тїшмєкпїз. Мына ушул кичинекей эле кєрїнїш чоў саясий мааниге ээ экендигин тїшїнїшїбїз керек. Абдылдажан ага Тууга кылган камкордугу менен Ата Мекенге атуулдук кызмат кылып жатат. Мен Абдылдажан аганы Апрель революциясынын Баатырларынын катарына кошом. Туубуз эми жаўыртылып тагылып, азыр кєздїн жоосун алып, эркин желбиреп турат. Абдылдажан Акматалиев ошону менен бирге єз элинин чыныгы патриот уулдарынын бири, анын жасаган коомдук, маданий, адабий эмгектери жаштарды билим, илимге сугарып, тарбиялап, єзїнїн жєнєкєй, карапайым, эмгекчил жїрїм-туруму, мїнєзї менен жаштарга їлгї болуп келе жатат. Абдылдажан ага менен сыймыктанса болот. Бекеринен улуу агабыз Чыўгыз Айтматов “чаў жукпаган” деп мїнєздємє бербесе керек. Апрель революциясынын белгисиз Баатырларын мезгил улам тактай берет. Улуу Жеўишибиздин 70 жылдыгында Жеўиш Туусу жєнїндє кєптєгєн жакшы сєздєр айтылып жаткан учурда жана ушул мааниден алганда биз да Туубуздун ыйыктыгы тууралуу ар дайым ойлошубуз керек экен. Алиясбек Алымкулов Кыргыз Республикасынын Баатыры № 125 • 24-апрель, 2015-жыл


6

МЕКЕН

БИЗ БАРДЫГЫБЫЗ ЄЛКЄДЄ ЭМНЕ БОЛУП АТСА ЖООПКЕРБИЗ Ишеним болуш керек. Ар бирибизден кєптєгєн нерселер кєз каранды экендигине ишенишибиз зарыл. Эгерде каалоо болсо эмненидир єзгєртсє боло тургандыгына ишеним болсун. Кимдир-бирєєгє ар дайым жардам берсе боло тургандыгына ишенїї керек. Бул эў башкы нерсе. Жадагалса айлана-тегеректе эч ким эч нерсеге ишенбей турганда, пессимисттик маанай бїтїндєй кєкїрєктї ээлеп алган кырдаал болсо дагы ишенимди єлтїрбєє керек. Азыр деле єтє кєп адамдар бири-бирине кємєктєшєт. Себеби эў башкы сапат болгон – адамгерчилик азырынча жок боло элек. Яшиндер тууралуу материал жазганда, мен карапайым адамдар кайрылып жана бардык дїйнєдєн балдар їчїн керектїї нерселерди чогулта алабыз деп ишенгем. Бирок, макаланы АКИpressке жарыя кылганда мына ушунчалык резонанс боло тургандыгын ойлогон эмесмин. Бир жыл мурда алар тууралуу биринчилерден болуп эў жакшы журналист Галия Крючкова жазып «Чуйские Известия» гезитинин «Для Вас» деп аталган тиркемесине жарыялады. Жакшы жазды. Галияны ЮНЕСКОНУН Маалымат Борборунун журналисттер їчїн маалымат катчысы жана «Борбор Азиядагы ММКдагы аялдардын» Кыргызстан боюнча улуттук координатору болуп иштеп тургандан бери билем. Ал менин эсимде ачык-айрым, жарык маанайлуу жана ашкерек сулуу катары калган. Биз аны семинарларга катышууга бат-баттан чакырып турчубуз. Ал Кара-Балта шаарынан келчї. Ал бизди їйїнєн даярдаган укмуштуудай даамдуу тамак-аштары менен сыйлап турчу. Бардыгына жетишчї - жумушуна да, їйїндєгї чарба иштерине дагы. Мен бул таў каларлык эў сонун аял менен сыймыктанчумун. Жаш, гїлдєп турган, таланттуу. Анын кесиптештери, достору, тааныштары дендароо болуп турушту. Ал эми ал иштеген «Чуйские известия» гезити анын керектїї, пайдалуу акыркы макалаларын жарыялоону уланта берди. Анын макалаларында биздин республикабыздагы башкача адамдар тууралуу айтылган. Дал ушул

Галия Крючкованын материалы Яшиндердин їй-бїлєсї менен таанышууга тїрткї берди. Анын макаласын окуп чыккандан кийин бул їй-бїлє менен таанышуу идеясы кїйїп-жанды. Галиянын макаласынан кийин башка ММК булактарында дагы маалыматтар чыга баштаган. Бул эки макала єткєн жылы эле жарык кєргєн… Ал эми бул жылы болсо, менин АКИпресске чыккан макаламан кийин, «МИР» ТРКсы бул їй-бїлє туурасында сюжет даярдады. Андан кийин Москвадан Биринчи канал чакырышты, республикабыздын Президенти да четте калбастан бул їй-бїлєгє 1 миллион сом бєлїп берїї туралуу буйрукка кол койду. «Ала-Тоо» маалымсат программасы Яшиндер тууралуу жаўылыктардан кєрсєтїштї. Бешинчи канал дагы кєрсєтїї даярдашууда. Башка кєрсєтїїлєрдєн жана макалалардан жаўы журналисттер айтып да, жазып да жатышат. Эў сонун. Чынжырча уланууда.

ТУРИСТТИК ИШКАНАЛАР КЫРГЫЗСТАН ЕАЭСке КИРГЕНДЕН КИЙИН ТУРИСТТЕРДИН АГЫЛЫП КЕЛИШИН КЇТЇЇДЄ Туристтик ишканалар Кыргызстан ЕАЭСке мїчє болуп кабыл алынгандан тартып туристтик кызматтар бир топ жакшы жолго тїшєєрїн бїгїн “Ысык Кєлдєгї эс алуу жайларынын єнїктїрїї жана кєйгєйлєрї” аттуу тегерек стол жыйынында талкуулангандыгын аталган департаменттин жетекчиси Максат Чакиев билдирди. Анын сєзїндє 2014-жылы Кыргызстан Борбор Азия жана КМШ єлкєлєрї ортосунда туристтерди кабыл алууда биринчи орунга чыккандыгын маалымдады. Аны менен кошо ар бир орточо каражат сарптаган туристтин акчасы кїнїнє 100 долларды тїзїп, жумасына эсептегенде 2 ден киши катталганын айтты. Кыргызстанга келген туристтердин кєпчїлїгїн Казакстандан жана Россиядан келген эс алуучулар тїзєт. Бул жылдагы эс алууга карата Россиядан кєп туристтер келиши кїтїлїїдє. Анын жалгыз себеби Кыргыз-

№ 125 • 24-апрель, 2015-жыл

стандын ЕАЭС ке кошулуп жаткандыгы менен байланыштуу. Андан сырткары биз келген туристтердин коопсуздугун камсыз кылуубуз негизги милдет, эгер биз алар їчїн жетиштїї шарттардын баарына учурдан баштап даярдык кєрїп койбосок, туристтердин азайып кетїї коркунучу жаралат дейт “Ысык Кєлдєгї эс алуу жайларын єнїктїрїї” департаментинин директору Марат Чакиев. Экономика министрлиги 2012-жылы Республика боюнча 3,8 млн турист келген болсо, 2013-жылы 4,5 млн турист, бул кєрсєткїч жылдан жылга єсїп жаткандыгын туристтик тармактар жакшы жолго коюлуп бара жаткандыгынан кабар берет. Бажы биримдигине кирсек визалык каттоо жоюлса Россиядан келген туристтердин саны мындан да кескин арбый турганын Туристтик компаниялар кїтїп жатышат.

Демек, эмненидир єзгєртсє болот. Болгону болуп жаткан окуяга катышпай, сыртта калбаш керек. Анткени мамлекетибизде дагы кєптєгєн социалдык маселелер бар, дагы кєп нерселерди жасаш керек. Бардыгын сынга алуу, кимдир-бирєєнї кїнєєлєє, кимдир-бирєєнї каралоо – мунун баары жеўил. Сєз менен, аракет менен бардыгын бузуп салуу жеўил. Эмненидир жасоо, тїзїї кыйын. Эмненидир єзгєртїї мїмкїн эместей сезилгенде да аракет кылуу керек. Мисалы – Яшиндердин їй-бїлєсї. Алар биздин єлкєдє жетимдердин болушун каалабайт. Анан алар єздєрї аны жашоодо ишке ашырууга киришти. Эч кимден эч нерсе сурашкан жок. Жєн гана аракет кылышты. Кароосуз калган, ташталган балдарды єздєрїнїн їй-бїлєсїнє алышты. Алар єздєрїнїн кыялын тїзїштї. Єздєрї эмгектенди, акча табышты. Анткени мына ушунча кєпчїлїктї багууга, тамактандырууга, шарт тїзїїгє аракет кылуу керек.

Алар балдар менен чогуу аракет кылышты… Алар журналисттерди чакырышкан жок, єздєрїн жарыя кылышкан жок, жєн гана єздєрїнїн ишин жасашты. Андан кийин алар тууралуу билишти. Жардам кылышты. Эў сонун. Эмнеге мунун баарын жазып атам? Бардыгын єзгєртїїгє болорун билдирїї їчїн. Ой жїгїртїїнї, єзїбїз жайгашкан мейкиндикти, социумду… Бардыгын єзгєртїїгє болот. Заматта болбосо дагы… Кєз ирмемде болбосо дагы… Акырындык менен баарын жасаса болот. Ар ким мына ушул єзгєрїї облусуна – биздин республиканын жашоосун єзгєртїїгє кошулса болот. Анткени ар ким кимдир-бирєє їчїн бир нерсе жасай алат. Аны сєзсїз тїрдє ММК аркылуу айтып чыгуу кажет эмес. Ар ким єзї кандайдыр бир жол менен биздин жашообузду жакшырта аларын билет. ТОКТО! Бардыгына пессимизм менен кароого болбойт, скептицизмге орун жок. Биздин республикада кайрымдуу, чынчыл, таза адамдардын кєп экенине ишениўиз. Алар єздєрїнїн ишин жакшы билет. Кїндєн-кїнгє алар жєн гана жакшылык иштерди жасап келишет. Жумушунан, кызматтык абалынан жана тутунган дининен, топтолгон кєйгєйлєрдєн, деги эле эч нерседен кєз каранды болбостон жакшылык жасагандар бар… Аларды биз кєрдїк – єздєрїнїн атын жашырып, карылар жана балдар їйїнє азык-тїлїк ташыгандарды. Кимде бир сындырым наны да калбай калган болсо, аны менен єз оокатын бєлїшїїнї жєн гана карызы катары эсептегендерди билебиз. Ал їчїн алар ыраазычылыкты, же аттарын жарыя кылууну талап кылышпайт. Жєн гана ошондой кайрымдуулук кылышат. Андан башкача боло алышпайт. Бул жашоодо пайдалуу жана кайрымдуулук иштерге орун бар. Балдар ошондой иштерден їлгї алышат. Эмненидир жасоого болот, кєптєрдїн жашоосун азыраак болсо дагы жакшы жагына єзгєртїїгє болот. Ал їчїн эч кимден жардам кїтїп отурууга болбойт. Ар ким єз колу менен… Биз кандай єлкєдє жашап атканыбыз їчїн жана биздин айланабызда эмне болуп атканына жоопкербиз. Ар ким бир нерсени єзгєртє алат…

Òåìèð Ñàðèåâ:

“ТУРИСТТИК СЕЗОН БАШТАЛГАНДА ТУРИСТТЕРДИ ЧОЧУТКАНДАР ЧЫГАТ” Жыл сайын эле кимдир-бирєє чыга калып єзїнїн популисттик билдирїїлєрї менен Кыргызстанга келе турган туристтерди чочутуп, аларды качырууга шарт тїзєт. Бул тууралуу Экономика министри Темир Сариев Бишкекте єткєн тегерек столдо билдирди. Анын айтымында, туристтердин коопсуздугу толук сакталбаса эс алуучулар массалык тїрдє агылып келет деп айтууга мїмкїн эмес. “Коопсуздук болбосо бизге эч ким келбейт. Биз Ысык-Кєлгє чет єлкєлєрдєгї досторубузду чакырабыз. Бирок, алардын коопсуздугуна кепилдик керек. Муну їч багыт менен ишке ашырса болот. Биринчиден, жергиликтїї бийлик, укук коргоо органдары жана ошол жерде жашап жїргєн эл менен камсыздасак тыгыз иштешишибиз керек. Биз бара-бара эс алганы келгендер менен жергиликтїї элдин ортосундагы жакшы мамилени жоготуп бара жатабыз. Буга айрым адамдардын, аткаминерлердин жана депутаттардын популисттик билдирїїлєрї да себеп

болууда”, - дейт Т.Сариев. “Эс алуу мезгили башталганда кимдирбирєє чыга калып эл бир нерсенин башын кылтыйта коюп баарын бїлдїргєнгє аракет кылат. Буларды зыянкечтер деп атаса да болот”, - деп кошумчалады ал. Дамир ЭСЕНГУЛОВ


7

ИНСАН

АЛЬБЕРТ ЭЙНШТЕЙН УЛУУ НЕМИС ФИЗИГИ Альберт Эйнштейн (Albert Einstein) XX кылымдын эў эле улуу илимий жетишкендиктери, анын эў эле ири єкїлдєрї, жалпыга таанымал символдору тууралуу сєз кылганда эў биринчилерден болуп Альберт Эйнштейн эске келет. Залкар немис физиги, салыштырмалуулук теориясынын жана ошондой эле мейкиндик, мезгил, кыймыл, жарык, зат жана тартылуу жєнїндєгї тїшїнїктєргє жаўы мазмун берип физикалык теорияларды ачкан. Ал ачкан физика илиминдеги маанилїї ачылыштар, окумуштуунун илимге эле эмес, жалпы маданияттуу адамзатка тийгизген зор таасири тууралуу айтып отурсак - бул бїтпєй турган чоў тема. Бїгїн силерге дїйнєнїн улуу окумуштуусу жєнїндє тартуулайбыз.

ЄМЇР ТАРЖЫМАЛЫ Альберт Эйнштейн 1879-жылы 14-мартта Германия мамлекетинде Дунайдын сол жээгиндеги Улм жергесинде туулган. 9 жашка чыкканда ата-энеси аны Мюнхендеги католиктик даярдоо мектебинен, кийин гимназиядан окутушкан. Кийин Араудагы кантоналдык мектепти бїтїрїп келип, политехникалык институттун математика жана физика мугалимдерин даярдоочу педагогикалык бєлїмїнє экзаменсиз кабыл алынат. Студент болгондон кийин илимге болгон кызыгуусу артып, бир нече курстарга жазылып катыша баштайт. Улуу философтордун, физиктердин илимий эмгектери менен кеўири таанышат, окуудан бїт убактысын химиялык кабинеттин лабораториясында єткєрєт. 1900-жылы ал институтту эў жакшы деген баалар менен бїтєт. Бирок, туруктуу иш таба албай кєпкє кыйналат. Германиядагы фашисттик террордун айынан А. Эйнштейн єз єлкесїнен кетїїгє мажбур болуп АКШдагы Пристонду мекендеп калат. Ал 1955-жылы дїйнєдєн кайткан.

ДЇЙНЄНЇН МАКТАНЫЧЫ ЖАНА ТРАГЕДИЯСЫ Чынында да дїйнє тарыхына Альберт Эйнштейн илимде революция жасаган улуу ойчул, Ньютон тїзгєн физиканы кайра карап чыгууга мажбур кылган зал-

кар окумуштуу катары кирди. Ал ХХ кылымдын мактанычына да, трагедиясына да айланган атом бомбасын жасаганга тїздєн-тїз тиешеси болду. Ошону менен бирге Эйнштейн єз авторитетин пайдаланып, Палестинада еврейлердин мамлекетин, азыркы Израиль мамлекетин тїзїїгє тїздєн-тїз таасирин тийгизди. 1948-жылы Израиль мамлекет катары жаўы эле тїзїлгєндє жєєттєр аны президент болуп бериўиз деп суранып да кєрїштї. Окумуштуу андан баш тартты. Деле Эйнштейн жана сионизм маселеси - азыр да тарыхчылардын арасында кєп талкууланган, кызуу талаш туудурган маселе.

ЭМГЕГИ Ошол убакта Берлинден чыгуучу «Физиканын анналдары» деген журналга анын теориялык физика боюнча макалалары жарыялана баштайт. 1902-жылдан баштап Берлиндеги патенттик бюродо референт болуп иштеп жїрїп, Европадагы физика жана математика боюнча жаўы эмгектер, ачылыштар менен "таанышат, бул ага жакшы таасир берет. 1905-жылы жазган «Броун кыймылдары» деген змгегинде молекулалардын жана алардын кыймылдарынын реалдуулугунун аныктыгын далилдеген. Электромагнетизм, Броун кыймылы сыяктуу тармактар менен бирге Эйнштейн бизди курчап турган ай-аалам, чексиз дїйнє, анын келип чыгышы, кандайча ушинтип жаралып калганы, башкача айтканда космология тууралуу бир катар маанилїї гипотезаларды калтырып кетти. Ошонун негизинде Чоў Жарылуу (англисче “Big Bang” деп аталат), жарыктын ылдамдыгы сыяктуу жаўы илимий тармактар пайда болду. Бул маселенин бир жагы. Бирок Эйнштейндин илимий мурастарынын бир кызык жери — анын ойлорун жана гипотезаларын эксперимент тїрїндє далилдеш же четке кагыш єтє татаал нерсе. Ошондуктан Эйнштейндин теориясы тууралуу талаш-тартыш ошол кезде кандай кызуу болсо, азыр да бїтпєй келет. Албетте, Алберт Эйнштейндин ысмын ааламга таанымал кылган негизги эмгек - анын салыштырмалуулук теориясы деген илимий ачылышы болду. Бул теория дал ХХ кылымдын башында, тагыраак айтканда 1905-жылы жарыкка чыкты. Окумуштуулар арасында кызуу талаштартыштар пайда болгон кезде, атактуу физик Гейзенбергдин мындай деп айткан кызык сєзї бар. “Бул, албетте, кєп нерселерди астын-їстїн кылган теория. Бирок эмки маселе - ошол теория кандай жаўы идеяларга жол ачат - кеп ушуну тїшїнїїдє калды” деген экен окумуштуу. Ошол эле жылы фотондор теориясын жана салыштырмалуулуктун атайын теориясын иштеп чыгат жана аны 1916жылы формулага салган.1933-40-жылдары окумуштуу талаанын гравитациялык жана башка физикалык талаалардын жаратылышын тїшїндїрїїчї бирдиктїї теорияны иштеп чыгууга аракеттенген. Анын эмгектери азыркы физика менен техниканын ажырагыс бєлїгїн тїзєт. Атомдук энергияны согуштук максатка пайдаланууга чечкиндїї каршы чыккан. Альберт Эйнштейндин атын бїткїл адамзатка дайын кылган салыштырмалуулук теориясын жан дили менен жактагандар, жерге-сууга тийгизбей мак-

нєн тєрт жаш улуу болсо, экинчиси їч жаш улуу болгон.

ЄКЇНЇЧЇ

тагандар єтє кєп. Алардын арасында Стефен Хоукинг, Иоффе, Сахаров сыяктуу илимдин алптары бар. Бирок Эйнштейндин катардагы оппоненттери, анын ар бир тезисин сындагандар, катасын чукугандар физиктердин жана математиктердин арасында огеле кєп. Маселен, бир топ эле белгилїї орус окумуштуусу Н.А.Жук бир нече жылдан бери жалаў Эйнштейнди сындоо менен алек. Анын айрым эмгектери, атап айтканда “Жїз жыл адамзаттын башын айланткан Эйнштейн” деген эмгеги Интернетте да турат, китеп болуп басылып да чыккан. Ошол эле Интернеттен Эйнштейндин 12 маанилїї катасын чукуган катардагы бир физиктин да жазгандарын алып окууга болот. Ал эми таланттуу кыргыз физиги Самат Кадыровдун Эйнштейнди сындаган эмгеги 90-жылдары жарыкка чыгып, коомчулукта бир катар жандуу талаш-тартыштарды жаратканы, анын жазгандары натуура экендигин далилдеп академик Аскар Акаев атайын илимий доклад менен чыкканы жакшы белгилїї

ЖУБАЙЛАРЫ Эйнштейн эки жолу їйлєнгєн. Биринчи аялы Милева Марич єтє мыкты математик, Эйнштейнге кєп нерседен жардам берген окумуштуу болгон деген кептер бар. Бекер жеринен Эйнштейн Нобель сыйлыгын алганда бїт акчасын эбак ажырашып кеткен биринчи аялы Маричке бербесе керек. Экинчи аялы Эльза болсо Эйнштейнге туушкандык жайы болуп, бир топ эле жакын эле жээни экендиги белгилїї. Биринчи аялы єзї-

Фашисттик Германия ядролук куралга ээ болсо адамзаттын тагдыры кандай болот деп кооптонгон Эйнштейн 1939жылы АКШ Президенти Франклин Рузвельтке атайын кат менен кайрылып, Америка бул тармакта илимий иштерге кенен жол ачышын суранганы белгилїї. Бирок согуш аяктап, эў биринчи бомба Нагасаки менен Хиросимада жарылгандан кийин Эйнштейн єзїн аябагандай кїнєєлїї сезип, ємїр бою кайгырганын, аябагандай азап чеккенин баары айтышат. Бул чынында да Эйнштейн-физиктин, гуманисттин эў чоў трагедиясы эле. Ошондуктан Эйнштейн: “Эгер їчїнчї дїйнєлїк согуш атамдук согуш болсо, анда ал адамзат їчїн эў акыркы согуш болот” деп бекер айтпаса керек.

СЫЙЛЫГЫ Окумуштуу дїйнєнїн кєптєгєн академиясынын жана илимий коомдорунун мїчєсї, Нобель сыйлыгынын лауреаты (1921), СССР Илимдер Академиясынын ардактуу мїчєсї (1927) болгон.

ЄЛЇМ АЛДЫНДА ЖАНА АНДАН КИЙИН Альберт Эйнштейн адегенде Германияда туулуп, бирок фашисттер бийликке келгенден кийин Америкага кетип калган. Ошентсе да ал АКШнын атуулу катары эмес, єзїн жалпы адамзаттын уулу, планетанын атуулу катары караганы жакшы маалым. Ошондуктан ал эў акыркы керээзинде сєєгїн жерге кємбєй, кремация жасатып, анан абага чачып жибергиле дегени да бекеринен болбосо керек. Айткандай эле улуу окумуштуунун узатуу сапарына 12 гана эў жакын деген адамдары катышкан. Эч кандай расмий иш-чара болгон эмес. Кийинчерээк маркумдун бир ууч кїлїн анын Принстондогу чакан дачасынын багына чачып жиберишкен. Рахатбек РЫСАЛИЕВ

№ 125 • 24-апрель, 2015-жыл


8

ТАЛАНТ ЖАНА ЭМГЕК

Нуркыз Кожонова, ырчы:

“Менин байкелерим, туугандарым кеминде эле їч башка партияда” - Жаўы жылдан бери канча ыр же клип тарттырып, жаздыра алдыўыз? - 2015-жылдын башынан бери бир клип, їч ыр жаздырдым. “Мейли” аттуу акыркы чыгармама Култаев Канат байкенин жардамы менен клип тартып жатабыз.

- Жеке жашооўузда кандай жаўылык, жїрєгїўїздї жылытып, сезимиўизди козгогон инсан барбы? - Ырчылардын арасынан, тааныш, кїйєрман балдардын арасынан сєз айткандар бар, бирок азырынча менин кєўїлїмє жакканы боло элек.

- Чет єлкєдє клип тарттырган мода болуп кетти го, сиздин оюўуз кандай? - Ушул жылдын июндарында, чет жака чыгып клип тарттырып келсем деген ойлорум бар, буюрганын кєрєбїз да. Жакшы пландарыбыз кєп, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеўет болбой, барын ишке ашырганга аракет кылабыз.

- Келечекте жолдошуўузду кандай элестетесиз? - Эў негизгиси жолдошумдун ырчы болушун каалабайм. Миллион доллар берсе дагы кїйєємдїн ырчы болушун элестетпейм. Бир їйдєн бир адам жетишет деген ойдомун. Анан албетте адамгерчиликтїї, токтоо мїнєз, чечкиндїї эр жигит болсо бактылуу болмокмун го. Нике кайып деп коет эмеспи, буйруганын кєрєбїз да.

- Азыркы учурда кайсы чыгармаўыздын їстїндє иштеп жатасыз? - Єктєм байке менен Кыргызстан жєнїндє ыр жаздырып жаткам. Ата Мекенибизди даўазалап, кооздугун кєргєзєлї деген клиби їстїндє иштеп жатабыз. Бул ырымдын сєзї Жолдошбек Исаевге таандык. Обону Гїлмира Рыспаева эжебизге таандык.

- Кыялыўыздагы мырзага жолугуп, “ырчылыкты ташта” деп калса кандай кыласыз? - Ушундай суроо берип, мени тандоого койбосо экен деп да тиленем. Анткени кандай жооп кылаарымды да билбейм чынында.

- Ырларды сиз кандай тандайсыз, буйрутма менен жазылган ырларыўыз барбы? - Жогорудагы айтып єткєн Кыргызстан, Мекенибиз жєнїндє ыр – Єзгєчє Кырдаалдар Министрлигинин суранычы менен жазылып жатат. Кандайдыр бир гимн сымал болсо жакшы болот эле деп ойлоп жатабыз. Буйруса жакшы деўгээлде жазылып, клиби мыкты тартылат. - Ырларыўыздын бир стили, нугу барбы? - Кєп ырчылардын ырларынын стилдери окшошуп кетет, бирок мен эксперимент сымал ырларды ар кандай жанрларда, ар кандай мотивдерде ырдаганды жактырам. Кєбїнчє ырларым маанайга жараша, ичимдеги сезимдерге жараша жазылып, ырдалат.

- Чыгармачыл адамдар саясаттан алыс болушат эмеспи, бирок шайлоо убагында бирге иштешип, шайлоо компаниясын бирге жїргїзгєндєрїн байкап келебиз, сизге сунуштар тїшїп жатабы? - Менин байкелерим, туугандарым кеминде эле їч башка партияда. Алардын ынтымагы їчїн мен бир дагы партия їчїн иштебейм деп чечтим. Менеджериме дагы: “Кимден кандай сунуш келсе дагы, кабыл алба, шайлоо компаниясына катышпайм” – деп айтып жатам. Шайлоону кїзїндє болот деп угуп жатам, бирок башка ырчы, бийчи коллегалар азыртадан эле контракт тїзїп, келишип алгандары бар. Бектур Баймоўолов

ЖАШТАРДАН ЖАКШЫ ДЕМИЛГЕ 2015-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарынын Мэриясы менен биргеликте, Мэриянын, Октябрь райондук акимиатынын єкїлдєрїнїн жана Фонддун негиздєєчїсї Аскар Салымбековдун катышуусу менен «Физкультурный» сейил багын жабдуулоого жана жашылдандырууга багытталган масштабдык акция єттї. Акциянын жїрїшїндє Фонддун кызматкерлери, «Ак Дил» жаштар кыймылынын жана «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин студенттери жаўы отургучтарды (скамейка) жана таштанды урналарын орнотушту, эски турниктерди сырдашып, жана єткєн жылдагы жалбырактардан ж.б. таштантылардан тазалашты. Акция майрамдык маанайда болуп, єтїп бара жаткан шаарыбыздын тургундары кайдыгер карабастан, єз ыраазычылыктарын билдиришип, ал тургай жардам дагы беришкендер болду. Анткени, бїгїнкї кїндє, кєп жылдык тарыхы бар «Физкультурный» сейил багы єз калыбына келтирїїгє єтє зарыл болуп турган убагы эле. Себеби, сейил бактар аймагында жараталаштык комплекстерди жана объекттерди камтыган, єзгєчє экологиялык, тарыхий жана эстетикалык баалуулуктарга ээ болгон, жаратылышты коргоочу, жана маданий эс алууга багытталган мекемелер болуп саналгандыктан, єзгєчє кєўїл буруу керек.

№ 125 • 24-апрель, 2015-жыл


9

ШОУ МАЕК

Жанара ЭСЕНОВА, “Сары-Єзєн СТВ” каналынын алып баруучусу:

“Кєп сезимдерге ээ болдум”

- Саламатсызбы Жанара айым? - Саламатсызбы! - Сєздїн башын сиздин бала чагыўыздан баштасак. Кайсы жердин суусун ичип, абасынан дем алып чоўойдуўуз? - Бала кезим борбор калабыз Бишкектин суусун ичип абасы менен дем алып чоўойдум, бала кезим абдан бактылуу єткєн, ар тїркїм таттуулар, лянги, резинка оюну, классик оюну, кладыш, тизедеги жана чыканактагы жаракаттар кубалашмай оюнун кесепетинен пайда болуп алар картка айланып биздин балалыктын бактылуу кєз ирмемдерди далили болчу. Ата энемдин айтуусу боюнча мен бала кезимде абдан чыдамы, тынчы жок тентек кыз болуптурмун. - Їй бїлєдє канча бир туугансыз? - Мен алтындай болгон чакан мамлекетимде їч бир тууганмын, мен эў улуусу боломун. Менден кийин сиўдим Айжан, иним Сыргак бар. Албетте мен їйдїн улуусу болгондон кийин, ата-энемдин орун басары катары менден кийинки сиўдиме жана иниме їлгїлїї, жоопту болуш керек жана алардын улуу экениўди тастыктап кыр кєрсєтїп туруш керек эмеспи. Їйдє улуу болгондуктанбы бир туугандарыма кыр кєрсєткєн мїнєзїмдї кээде курбуларыма да кєрсєтїп алам, бул албетте байкабастыктан болуп кеткен учурларда. Негизинен мен шайыр адамдардын катарына кирет болушум керек. - Сизди бул дїйнєгє алып келген ата-энеўиз эмне кызматта эмгектенишет? - Атам жана апам экєє теў менин жашоомдогу эў мээримдїї, эў сулуу, эў кымбат адамдардан болуп эсептелет. Алар бизге татыктуу билим тарбия берип чоўойтушту. Ошол адамдардын артынан мен ушу даражага жетип отурам. Экєє теў ємїр бою мамлекеттик кызматта иш алып барышат. - Мектепте окуп жїргєнїўїздє эле алып баруучулук шыгыўыз бар беле? -Мен журналистика же дегеле алып баруучулук сапаттарымды кєп деле байкабаптырмын, анткени мени ата-энем юрист болосуў дешчї, а мен кийимдердин дизайнери болуунун самачумун, бирок орус элинде бир сєз бар го «человек предлагает, а бог располагает » дегендей кокусунан журналистикага келип калдым , так айтсам Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин Журналистика факультетинин «коомчулук менен байланыш» адистигине тапшырып калгам. Андан

соў бул кесип мага абдан жакты жана мени єзїнє тарта баштады, ошондуктан бул

БЛИЦ АНКЕТА:

• Àòû æºí¿: Æàíàðà Ýñåíîâà

• Òóóëàãàí æûëû: 4-îê òÿáðü 1988-æûë • Òóóëãàí æåðè: Áèøêå ê øààðû • Ñàëìàãû, áîþ: 158 ñì, 54 êã • Æàêøû êîðãîí òàìà ãû: Àïàì æàñàãàí áààð äûê òàìàêòàð • Æèãèòòåðäèí áààëàã àí ì¿íºç¿: Áèëèìä¿¿, ÷å÷êèíä¿¿- áèðîê ºç ¿ì÷¿ë ýìåñ, òîêòîî áèðîê æîîø ýìåñ • Æàêøû êºðãºí àêòå ðó: Îäðè Õåïáåðí, Äæîí íè Äåïï • Ñïîðòêî êûçûãóóñó: Ñóóãà ñ¿ç¿¿, êîíüêè òåá¿¿ кесип менин тїбєлїк кесибим деп эсептеймин. Анткени мында баардык тармак камтылат. Кєп эл менен баарлашасыў, ал-

Алып баруучу болуш їчїн биринчиден сєзгє чебер, экинчиден келбет, їчїнчїдєн тыўдык керек эмеспи. Мына ушул сапаттарды камтыган болсоўуз анда ал сиз толугу менен єзїўїздї алып баруучулук єнєрїўїздї байкап, сындап кєрсєўїз болот. Бїгїнкї биздин коногубуз ушул таланттардын барына ээ болгон жана кєптєгєн жигиттердин жїрєгїнєн тїнєк тапкан “Сары-Єзєн СТВ” каналынын таўкы ажары Жанара Эсенова бизде конокто болуп ал айым менен болгон маегибизди сизге тартуулайбыз. гачкылардан болуп маалыматтарга да ээ болосуў.

- СТВ каналына кандай болуп жана качан келип калдыўыз эле жана жумушуўуздагы болгон кызыктуу окуялардан айта кетесизби? - МТРК «Сары-Єзєн СТВ» каналында 2011-жылдан бери кызмат єтєймїн, СТВ телеканалынан кєп сезимдерге ээ болдум. Кєбї айтышат камеранын сїрї бар деп, бирок мен камерадан эмес мени карап отурган оператор режиссёрдон сїрдєгєм, коркком. Мен анан дагы орус тилдїї элем кыргызча сєздєрдї кичине туура эмес абалда сїйлєчїмїн. Башында єзгєчє бизге келген мейман менен маек курганда кыргызчадан абдан кыйналгам арасына орусча сєздєрдї кошуп ийип, бирок єзїмдї колго алдым дагы їйдєн, курбуларымдын арасынан, жумуштан, колума тийген кыргызча китеп журнал гезит болобу їнїмдї катуу чыгарып окуп жїрдїм жыйынтыгында ачыгын айтсам азыр кээде орусча сєздєрдї таппай калам (кїлїп) - Келечекте сизди кайдан жана кандай образда кєрє алабыз?

- “Ар бир аткарып жаткан ишти сїйсєў , ал сага берекесин берет” дейт эмеспи андыктан мен образымды єзгєртпєймїн, мен журналисттик кесибимен чыкпаймын деп єзїмє сєз бергем а мен сєзїмє турам! Албетте, келечекте єзїмдїн жеке ММК болсо деп кыялданам, ал эми кыялыў тереў болсо ал акыры максатка айланат, а максат иш жїзїнє ашат деп ишенем!!.

- Сїйїї адамга айттырбай келет дешет. Сиздин жїрєгїўїздїн ээси барбы? - Балким менин жїрєгїм айттырбай келген сїйїї сезимин учурунда байка-

бай калган окшойт. Азыркы кезде менин жїрєгїмдї багынткан жана ээлик кылган мырза жок, жїрєгїмдїн, ємїрїмдїн жарымын толуктай турган эр азаматты бул жашоодон кездештире элекмин. Келечекте ыймандуу, єз ишин так билген жана сый урматка ээ болгон мырза мени кїтїп жатса керек.

- Турмушка качан аттанайын деп жатасыў? – “Кедей жейм дейт куйрукту, кудай билет буйрукту” дегендей бары кудайдын буйругу менен эмеспи, албетте кыздын бараар жери кїйєє дейт , бирок мен негизи карьерамды сїйїп иштеген адамдардын катарын толуктайм, кудайым буюрса жеке турмуш їй бїлєє да єз убагында сєзсїз менде болот деп ишенем. - Бизге курган маегиўиз їчїн тереў ыраазычылык билдиребиз, ойлогон ой-максаттарыўыз орундалсын. - Айбат газетасы силерге да чоў рахмат. Рахатбек РЫСАЛИЕВ № 125 • 24-апрель, 2015-жыл


10 КЫРГЫЗСТАН "BALTIC SUPER STAR" КОНКУРСУНДА БИРИНЧИ ОРУНДУ АЛДЫ

Кыргызстан "Baltic Super Star" эстрада ырчыларынын IV эл аралык конкурсунда биринчи орунду алганын конкурстун калыстар тобунун мїчєсї, КРдин эмгек сиўирген артисти Айчїрєк Иманалиева билдирди. Конкурс Санкт-Петербург шаарында 17-апрелден 22-апрелге чейин "Балтийская феерия" эл аралык фестивалынын алкагында єткєн. Иманалиеванын айтымында, бул конкурста Кыргызстандын намысын Адилет Азимов коргогон. "Конкурстук эки кїндїн жыйынтыгы менен Адилет 17 мамлекеттен келген конкурстанттардын алдына чыккан. Гран-приге болгону бир гана упай жетпей калды. Баш байгени Молдовадан келген катышуучу утуп алды", — деди ал. Экинчи орунду Єзбекстан менен Чехия алса, їчїнчї орунду Украина ээлеген. Жеўїїчїлєрдї сыйлоо Санкт-Петербургдагы Жаштар їйїндє галаконцерт менен коштолду. Хоккей:

КЫРГЫЗСТАН ИНДИЯНЫ ИРИ ЭСЕП МЕНЕН ЖЕЎДИ

Ушул кїндєрї Кувейтте єтїп жаткан хоккей боюнча “Азия чакырыгы” кубогунун оюндарында Кыргызстан Индия курамасын чоў айырма менен жеўип алды. Эл аралык хоккей федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак 22-апрель кїнї болгон оюн 9:1 эсебинде кыргыз хоккейчилеринин пайдасына аяктаган. Оюндун биринчи бєлїгїндє кыргызстандыктар 3:1 эсебинде алдыга чыгышкан. Кийинки эки айлампада їчтєн шайбаны атаандаштарынын дарбазасына узатып артыкчылыгын бекемдешкен. "Азия чакырыгы" кубогунун оюндары 18-апрелде башталган. Буга чейин кыргыз хоккейчилери Малайзия курамасын 6:5 эсебинде утуп, Сингапур курамасына 4:2 эсебинде жеўилген. Кийинки беттешинде Оман оюнчуларын 7:3 эсебинде утуп алышкан. Эми алар 24-апрелде 5-турда Кувейт курамасы менен ойнойт. Бул турдагы оюндардан кийин финалда ойной турган командалар аныкталат. Азырынча 12 упай менен Кувейт курамасы алдыда. Эсебинде 9 упайдан бар Сингапур менен Кыргызстан киргизилген шайбалардын эсеби боюнча экинчи жана їчїнчї катарда жайгашкан. № 125 • 24-апрель, 2015-жыл

АТКАН ТАЎДЫН БАТААР КЇНЇ

«МЫКТЫ ИШТЕЙТ» - ДЕГЕН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИНИН БАСЫГЫ... Илгери, илгери кайсы бир элде падыша башкарып турган заманда чума деген оору чыгып, эл-журт кырылып, падыша журтчулукту сактап калуунун айласын таппай турган мезгилде адам аттунун арасынан эч бир жан ага жардам бере алган эмес экен. Ал тургай айланасындагы акыл айтып отургандар жардам бермек тургай, айрымдары бєлєк элге тїндєп уурданып качып кеткен дешет. Падышанын айласы куруп турган мезгилде кайыптан келгендей бир адам эл арасына пайда болуп, шамалдай тез жайылган чуманын эмнеге мынчалык темп менен таралып жатканынын себебин аныктайт. Кєрсє, шаардын ичинде чычкан аттуунун кєбєйїшїнєн, анан тазалыктын сакталбаганынан чыгып жатканын аныктап, шаарды тез тазалатып, чычкандарды єрттєттїрїп жок кылдырат. Арадан аз кїндєр єтїп-єтпєй, чума менен оругандардын саны азайып отуруп, бара-бара жоголгон экен. Мындан соў, падыша баягы табышкерге эмне сураганыўды ал деген экен. Шаарга тазалык башчысы бол, ємїрїўдїн акырына чейин жеткидей алтын берейин дептир. Бирок, баягы элдин арасында капыстан пайда болгон адам бардык сунуштардан баш тартып, жєн гана калк ичинде мурунку карапайым абалында эле жашап калуу мїмкїнчїлїгїн гана сураптыр. Мындан улам, азыркы замандын адамдарын саясат менен коррупция деген «чумадан» жаман оору каптап турган мезгилде табышкер деп мактап алып келип, министр болгон Батыралиев андай алтын менен креслодон эч качан баш тартпайт болчу. Анткени, єз деўгээлине карабай, кызмат дегенде кєзї кызарып, колунан келбегендин баарын парламентте убада кылыштын кереги бар беле? Улуу урматтуу Батыралиев Саламаттыкты Сактоо Министрлиги кызматына жаўыдан киришип жатып, Алмазбек Атамбаевге «эки чоў максатты ишке ашырам» деп сєз берген. Биринчиси, Тїркиядагыдай даарылар боюнча маалыматтардын улуттук базасын уюштуруп, арзан дары-дармек алуу саясатын тїзїп, єлкєгє инвестиция алып келип, заманбап ооруканаларды курмак. Бул жаатта берген убадалардын бири да аткарылган жок. Инвестиция жаатында баягы божураган кєп уламыштын бири жок. Анча-мынча пайдасы жок чет элдиктер менен жолукканын кайнатасы «Аки пресске» чыгара калып, пиарлап жатып калат. Анткени, «Аки пресс» сайтын Батыралиевдин кайнатасы менен кайниси иштетет. Батыралиев инвестиция жаатында жадагалса, мамлекеттик жеке єнєктєштїк менен ижаранын айырмасын дагы билбейт. Жетекчилерин тїрк инвесторлору менен иштегенге мїмкїнчїлїк бергиле деп мажбурлап шаштырууда. Ал эми єзї мамлекеттик жеке єнєктєш механизмин ишке ашыруу иштерин тез-

детїї їчїн ордунан козголуп да койгон жок. Нормативдик документтер менен экономика министрлиги алектенээрин билбей, бардык милдеттерди єзїнїн орун басарларына жана бєлїм башчыларга ашыкча тїйшїк кылып жїктєп салган. Алар саламаттыкты сактоо министрлигине гана тиешелїї ишти кылбастан, туура эмес берилген тапшырманын айынан, ашыкча тїйшїктєр менен убакыт єткєзїп, бєлєк структуранын ишин жєнгє салып жїрїшєт. Мындан їч ай мурун туристтик саякаттарынан келген соў, министрликтин аппаратында иштеген кызматкерлердин баардыгын коррупционерлердин уюгу деп атап, бул тууралуу эч бир факт жок эле укук коргоо органдарына, массалык маалымат каражаттарына, Жогорку Кеўешке кат жолдоп кайрылып, єзїн «пиарит» этем деп жалпы эмгек жамаатка жаман кєрїнїп алган жайы бар. Президентке жана Жогорку Кеўештин депутаттарына берген экинчи убадасы тууралуу айта кетели, бул кадрдык маселе. Министр мырза кызматка киришип жатып, «мурдатан иштеп келген кызматкерлердин бирин да жумуштан албайм» деген. Муну чоў убада катары белгилеп айткан. Бул убадасын министр жумшак креслого жамбашы тийээри менен унутту. Тактап айтканда, министр болуп келгенден берки 5-6 айдын аралыгында белгилїї кызматтарды аркалаган кол алдындагы жыйырмадай кызматкерди ар тїрдїї болоор-болбос себептерге таяп иштен айдады. Алардын ордуларына эч конкурссуз эле, суроо-сапкыты жок, єзїм кожоюнмун таризинде єз адамдарын алып келип ишке орноштурду. Бул жерде министр єзї да конкурссуз кызматка отурду. Демек, Талантбек мырза эмгек жамааттын каалоосу, алардын макулдугу, конкурс деген нерсенин канчалык орду бар экенин єзї баалабайт жана билбейт. Кол алдындагыларды кызматтан алаарда алар менен болгон жеке мамилеге кєўїл буруп, анан калса, анын жердигине кєбїрєєк басым жасаарын

жанында иштегендер эле каўкуулашты. Анткени, жакпай калган адамы єзї жактан болбой калса, кызматтан кетти дей бериўиз. Кызматка жаўы отурганда да, министрликти майлап, борбордогу ресторандардын биринде чоў той болду. Тойго баргандардын айтымында, ал жерде азыр учурда канатын чогуу каккылашып жїргєндєр менен айланасындагы жєєттєр болгон имиш. Ал эми кечээ жакында кызматтан кеткендер ал жерде болгон эмес. Ал тойдо да кызымтал болгонгобу, айтор министр алды-аркасын карабай, жогору жакта колдой турган адамы бар экенин балп эттирип ачык айтып алган жайы бар. Анын аты-жєнїн ачык айтпаса да, колдоочусу Фарид Ниязов экенин Саламаттыкты Сактоо тармагында саймедиреп эле жїрїшєт. Кыскасы, жогорудагыдай жердешчил принципти тутунган министр шайлоого карата «Ата Мекен» партиясынын шилтемеси менен айланасына электорат топтогонго аракет жасап жаткан кези. Тїштїктєгї Саламаттыкты Сактоо тармагынын єкїлдєрїнїн айтымдарында министр єзїнїн айланасындагылар менен бирдикте (Кара-Суулук мафиясы) «Ата Мекен» партиясындагы Ширин Айтматова, Ташболот Балтабаев сыяктуулардын кеўеши менен шайлоого даярданып жаткан имиш. Кадрдык алмашуулардын тез арада мынча болуп кетишинин себеби да ушул. Саламаттыкты Сактоо тармагынын басыгы Батыралиевдин темпи менен ушул калыбында дагы жарым жылга созула турган болсо, Кыргызстан эгемендигин алгандан берки єнєктєштєрдїн кємєгї менен эптеп телчигип бутуна туруп келаткан саламаттыкты сактоо тармагы тап-такыр талкаланып жок болоорунда шек жок. Андай кєрїнїшкє кептеле турган болсо, Батыралиев эч нерсе болбогондой бир сумкесин асынып, Тїркиясына кайра сапар алат, же Жалал-Абадка барып, бир клиника ачып алып, «ач кулактан – тынч кулак» жатып алат болуш керек. Кыскасы, башы да оорубайт...! Толкун Акматов, Бишкек


ЖЕРГИЛИКТЇЇ ЖАЎЫЛЫКТАР ДЕПУТАТ Ж.ЖОЛДОШЕВА КОАЛИЦИЯЛЫК КЄПЧЇЛЇККЄ, ТАТЫКТУУ ЄКМЄТ БАШЧЫНЫ АЛЫП КЕЛИШИ КЕРЕКТИГИН ЭСКЕРТТИ

«Ата Журт» фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошева, коалициялык кєпчїлїк єкмєт башчылыкка татыктуу талапкерди алып келиши керек деп эсептейт. Ал мындай пикирин 23-апрелде парламенттин отурумунда билдирди. «Мен єкмєт башчы Жоомарт Оторбаев кеткени жатканын тїшїндїм. Мен коалициялык кєпчїлїккє кайрылам. Бул кызматка Кыргызстанды єнїктїргєн жакшы талапкерди алып келгиле. Анткени єкмєттїн иши їчїн, аны тїзгєн парламент дагы жооп берет», - деди ал. Эл єкїлдєрї 5 жылдан бери биринчи жолу єкмєт башчы отчет берип жатканын белгилешїїдє

КЫРГЫЗСТАНДА МАЙ МАЙРАМДАРЫНДАГЫ ДЕМ АЛЫШ КЇНДЄР ТАКТАЛДЫ Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин тастыктоосу боюнча 1, 5, 9 жана 11-май дем алыш кїндєрї болот. Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, май айында їч майрам кїн бар, 1-май Эмгек майрамы, 5-май Башмыйзам кабыл алынган кїн жана 9-май Жеўиш кїнї. Аталган берененин 3-бєлїгї боюнча 9-май майрам кїнї дем алышка туура келгенине байланыштуу, эс алуу кїнї 11май, дїйшємбїгє которулду.

ЫСЫК-КЄЛ ОБЛУСУНДАГЫ ТОРУ-АЙГЫР АЙЫЛЫНДА ТОКОЙ ЄРТТЄНДЇ Окурман Ысык-Кєл облусундагы ТоруАйгыр айылында токой єрттєнгєндїгїн маалымдады. Ысык-Кєл облусундагы Тору-Айгыр айылында токой єрттєнїп жатат. Єрттїн сїрєтї 22-апрелде саат 22:43тє тартылып алынды», - деп жазат окурман. ЄКМдин маалыматы боюнча, єрт камыштардын жана дарактардын єрттєнїшїнєн улам келип чыккан. Єрт эртеў менен 40 жакын жергиликтїї тургундардын жардамы менен єчїрїлдї.

АЛТЫН МЕДАЛЬ ЭЭЛЕРИ АКШга БАРАТ Казакстанда єткєн "Infomatrix" олимпиадасында Кыргызстандан барган эки окуучу єспїрїм алтын медалга ээ болду. Нарындагы кыргыз-тїрк лицейинин 10-классынын окуучулары Нурсултан Шакиров жана Теўирбек Карыпжумаев ойлоп тапкан мультифункционалдык сызгыч анимациясы илимде алгачкылардан экенин олимпиаданын комиссиясы билдирген. “Биз ойлоп тапкан сызгыч єзгєчє. Геометрияда колдонулган транспортир, циркуль, їч бурчтук сызгыч сыяктуу каражаттар бар. Циркулдун учу адам їчїн коркунучтуу болуп, булардын баары орун ээлейт, чачыранды болот. Ал эми биз ойлоп тапкан кичинекей сызгыч ушулардын баарын ичине камтыйт. Тактап айтканда бир сызгычта бир катар функция болуп, жеўил, ыўгайлуу жана арзан. Жаш окуучулар їчїн да коопсуз”, - дейт Теўирбек Карыпжумаев. Нурсултан Шакиров: “Биз окуган жерде “кызыл карта” деген тїшїнїк бар. Ал начар окугандарга же тартип бузгандарга берилип, окуучунун баллын тїшїрєт. Бир кїнї досум Теўирбек экєєбїз геометрия сабагынан кызыл карта алып калдык. Сабактан кийин маанайыбыз жок отуруп,

МЕДАКАДЕМИЯ БОЮНЧА ИЛИКТЄЄНЇ УЛАНТУУДА Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча иликтєє уланып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Билим берїї жана илим министрлигинин алдында тїзїлгєн комиссия єз корутундусун прокуратурага єткєрїп берген. Анда абитуриенттерди Медакадемияга жана Кыргыз-Орус Славян университетине мыйзамсыз кабыл алган фактылар аныкталганы белгиленген. Башкы кєзємєл органы бул иликтєєнїн жыйынтыгы тууралуу жакынкы аралыкта парламентке маалымат бериле турганын кошумчалады. Февраль айында “Апрель баатырлары” коомдук уюму Медакадемияга окууга мыйзамсыз кабыл алуу фактылары боюнча єлкє президентине кайрылуу жасаган. Активисттер баллы жетпеген абитуриенттерди Апрель окуясынын катышуучуларынын атын сатуу менен кабыл алган документтер боюнча ректор Ашыралы Зурдинов менен

“ТЇНДЇКЭЛЕКТРДИН” ЖООПТУУ КЫЗМАТКЕРИНИН КЫЗМАТ АБАЛЫНАН КЫЯНАТТЫК МЕНЕН ПАЙДАЛАНГАН ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматы энергетика чєйрєсїнє ыкчам-издєє иш-чараларын жїргїзїїнїн жїрїшїндє “Тїндїкэлектр” ААКтын тїзїмдїк бєлїмїнїн жетекчиси электр энергиясынын кєрсєткїчїн азайтуу жолу менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланга-

ны аныкталды. Бул тууралуу МУККнын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бєлїмї билдирди.

Ишкананын 2013-жылдан 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аралыгындагы ишмердїїлїгїн текшерїїнїн жыйынтыгында тїзїмдїк бєлїмдїн тармагына 89,1млн кВт/саат электр энергиясы келип тїшкєнї боюнча айырма аныкталды. Текшерїїнїн жїрїшїндє тїзїмдїк бєлїмїнїн жетекчиси тарабынан Бишкек шаарынын 2 районун кошкондо 7 райондун коротулган электр энергиясынын кєрсєткїчї кыскартылганы белгилїї болгон. Чыгымдардын эсебине ылайык мамлекетке 32 млн 910 миў сом кєлємїндє зыян келтирилген. 2015-жылы 15-апрелде аталган факты боюнча МУКК тергєє башкармалыгы КРнын Кылмыш кодексинин 221 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 171 (Ишенимдїї мїлктї єздєштїрїї жана коротуу”) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Иликтєє иштери жїрїп жатат.

кєп функция аткарган сызгыч тууралуу ой келди. Анан агайларга айтып, дизайн баштадык. Дизайнга бир ай, анын анимациясына эки ай убакыт кетти. Бїткєн соў жетекчилер колдоп, бизди "Infomatrix" олимпиадасына жиберишти. Экєєбїз їчїн теў кїтїїсїз болду”. Аталган олимпиада Казакстанда єтїп, ага отуздан ашык єлкєдєн 300дєй окуучу катышты. Алтын медаль алган эки кыргызстандык жай айларында АКШда боло турган эл аралык олимпиадага жолдомо алышканын айтышууда.

МИРЛАН БАКИРОВ БИРИНЧИ ЖОЛУ ЄКМЄТ БАШЧЫСЫНЫН ОТЧЕТУ УГУЛУП ЖАТКАНЫН БЕЛГИЛЕДИ

11 нин жана аларга карата иш козголгонун маалымдады. Азыркы чакырылышта биринчи жолу єкмєт башчысы жасаган ишине отчет берип жатканын депутат Бєдєш Мамырова дагы белгилеп, єлкєгє тартылган инвестицияларга кайсыл иштер жасалгандыгын тактады. Негизинен ири инвестиция газдаштырууга жана тейлєє тармактарына жумшалганы белгилїї болду.

СОГУШ АРДАГЕРИ МОСКВАДАГЫ ПАРАДГА ЖИБЕРЇЇ ЇЧЇН КАРАЖАТ ТОПТОЛУУДА

Ошондой эле, республика аймагындагы сапатсыз курулган мектептер менен кайтарылган бала бакчалардагы тарбиячыларга маяна берїї маселесин койду. Жоомарт Оторбаевдин жообуна ылайык, 2015-жылдын республикалык бюджетине толуктоо аркылуу бала бакча тарбиячыларына маяналар каралууда. Ал эми КРнын Архитектура жана курулуш агенттигинин директору Турдубек Мамбетов сапатсыз курулган мектептерди, анын ичинде Ак-Талаа жана Кочкор райондорундагы колдонууга жараксыз деп табылган мектептерди курган кєтєрмєчї–куруучулар кетирилген кемчиликтерди ондоого милдеттендирилге-

Кызыл аянтта боло турган парадга катышасыз деген кабар алып, Бишкекке келип дарыланып жаткан 92 жаштагы Курманбек Акуновго, "парадга барбай калдыўыз" деп билдиришкен. Улуу Жеўиштин 70 жылдыгына карата Москва шаарында боло турган парадга кыргызстандык Улуу Ата мекендик согуштун ардагери катышуусу їчїн каражат чогултуу демилгесин баштоону журналист Тынчтык Алтымышев Facebook социалдык тармагына жазды. Анын айтымында, 92ге келген Улуу Атамекендик Согуштун катышуучусу Курманбек Акуновду Улуу Жеўиштин 70 жылдыгына карата Кызыл Аянтта єтїїчї парадга барасыз деп єкмєт мїчєлєрї убада кылышкан. "Толкундаган киши Бишкекке келип дарыланып, даярданып жїрсє, "Сиз барбай калдыўыз" деген кабар келет. Бул кандай оор кабар?! Аксакал азыр катуу шагы сынып, ооруп калыптыр", — деп жазат ал. Алтымышев Sputnik сайтына билдиргендей, учурда ал аксакалды жок дегенде Волоколамск шаарында Дїйшєнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышына катыштыруу їчїн Жогорку Кеўешке кайрылды. Тїп районунун акими Ишен Кожалиев Ысык-Кєл облусунан Москвадагы парадга їч киши барарын айтып, бул тизмеде Акунов жок экенин кошумчалады.

КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК

ОШТО ЭКС-ДЕПУТАТТЫН УУЛУ НАРИСТЕНИН ЄЛЇМЇНЄ АЙЫПТАЛУУДА

ЖОГОРКУ СОТ К.КАДЫРАЛИЕВДИ №1 ТЕРГЄЄ АБАГЫНА БИР АЙГА КАМАККА АЛДЫ 22-апрелде Жогорку соттун соттук коллегиясы Канжар Кадыралиевдин бєгєт коюу чарасы боюнча кєзємєл даттанууну карады. КР Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жєнїндєгї иштер боюнча соттук коллегиясынын токтому менен Кадыралиев Канжарбек Кармышаковичке карата Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар

жєнїндєгї иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 10-апрелиндеги аныктамасы жокко чыгарылды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 27-мартындагы токтому єзгєртїлїп, К.Кадыралиевге карата бєгєт коюу чарасы №1 тергєє абагына ушул жылдын 26-майына чейин камакка алуу чечими кабыл алынды. Прокурордун кєзємєл сунуштамасы канааттандырылды. Токтом акыркы жана даттанууга жатпайт.

Ошто 17-апрелдин таўында бала бакчадан чыгып келаткан эне-баланы сїздїрїп кеткен айдоочу Жогорку Кеўештин мурдагы депутаты Шарапат Мажитованын уулу экени аныкталды. Бул маалыматты "Азаттыкка" экс-депутат єзї тастыктады. Буга чейин жабыркаган тарап кырсыктын себепкери экс-депутаттын баласы болгондуктан ал жазаланбай калат деп шектенип жаткан. Мажитова мындай шектенїї негизсиз экенин айтып, уулунун камалышына тоскоолдук кылбаганын билдирди. - Ата-энесинин астына ыйлап бардым. Кечирим сурадым. Балама колуў менен кылганды мойунуў менен тартасыў дедим. Аны каматпай койгонго аракет кылган жокмун. Менин да неберем бар. Менин да жїрєгїм ооруп жатат. Жабыркаган тараптын айтымында, мас айдоочу окуя болгон жерге унаасын таштап качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 жашар бала каза таап, кош бойлуу келин ооруканага тїшкєн. Айыпталуучу Кубаныч Исманов 36 жашта экени, ал кырсык учурунда мас абалда болгонун шаардык милиция тастыктады. Азыр ал тергєє абагында камакта жатат.

№ 125 • 24-апрель, 2015-жыл


12

АЙ ЧЫРАЙ

Айнура САГЫНБАЕВА, дерматолог-косметолог:

«КЛИНИКАГА КЕЛГЕН КАРДАРЛАРЫМДЫН КЄБЇ МЫРЗАЛАР» Àáà-ûðàéûíûí êåñêèí ºçãºð¿ø¿ òåðèãå çàëàêàñûí òèéãèçèï, êºï÷¿ë¿ê àäàìäàðäû áóøàéìàí êûëóóäà. Îøîíäîé ýëå æàøòàðäû áåçåòêè îîðóñó äà òûí÷ñûçäàíäûðûï êåëåò. Áóãà æîîï èçäåï ñóëóóëóê êëèíèêàñûí èøòåòêåí äåðìàòîêîñìåòîëîã, àæàðëóó èøêåð àéûì ýëå ýìåñ, ýêè áàëàíûí áàêòûëóó àïàñû, êîñìåòîëîãèÿäà 14, äåðìàòîëîãèÿäà 8 æûëäûê ñòàæû áàð 1-êàòåãîðèÿäàãû âðà÷ Àéíóðà Ñàãûíáàåâàãà êàéðûëäûê.

килер єспїрїмдїк безеткилерге кирет. Бирок, аны дагы дарылоо кажет. Туура эмес косметикалык каражаттарды колдонуп, спирт сїйкєп, айтор єз билгендерин кылышат. Їйдєн туура эмес кам кєрїї да безеткинин кїчєп кетишине алып келет. Кїчєп кеткен безеткиден бет терисинде ар кандай тактар пайда болот. Так калтырбоо їчїн алдынала адиске кайрылган оў. Безетки бир кїндє айыгып кетчї оору эмес. Ал чоў схема. Биздин клиникага кайрылгандар їч ай бою адистин кєзємєлїндє болушат. - Кандай кєйгєйлєр менен кєп кайрылышууда? - Азиаттардын терисин тєрт кєйгєйгє бєлїп коем: безетки (угри), тереўдеп кеткен бырыштар - мисалы 28 жаштагы кыз келет, 38дегидей кєрїнєт - бетине эч кам кєрбєгєн, крем сїйкєгєн эмес, жадагалса кечинде бетин жуубай жатат; їчїнчї - пигменттик тактар, бул боюнча аябай кєп келишет; тєртїнчї - купирос - кан тамырлардын кеўейип кетиши. Биз тоолуу аймакпыз, ар дайым гипоксия - кычкылтектин жетишсиздигинде жашайбыз, кан тамырлар кеўейип кетет. Ушул проблемалар менен алышып атып бир нерсени байкадым же менталитет ушундайбы: жазылса келбейт, келип баштаса - таштап коет; анан бат, эффективдїї методдорду издешет.

- Дерматолог, косметолог бирин оору менен кїрєшкєн врач, бирин сулуулук адиси кєрєбїз, эми айкалышы кандай? - Тери деген бєлбєйт да, муну дерматолог карайт, муну косметолог карайт деп. Тери менен иштеген киши дермокосметолог болушу керек. Мисалы, красная волчанка (кызыл бєрї жатыш) деген оору бар, аны косметолог пилинг кылып салат, ал туура эмес. Ага тийгенге болбойт, аны дерматолог билет. Дерматологдор проблемалуу терилерди дарылайт, кийинки кам кєрїїнї, косметиканы ким тїшїнєт? Косметологдор. Косметологияны бетке эле кам кєрїї деп тїшїнбєш керек, ал медицинанын сулуулук жєнїндє бєлїмї. Сулуулукка не кирет: буга чач, тери, тырмак, келбет, макияж ж.б.

- Мырзалар кайрылышабы? - Кайрылат, жартысы эле мырзалар. Бизнесмен, саясатчы эмес, жєнєкєй эле жигиттер. Айымдарга караганда процедурага стабилдїї калтырбай келишет. Ботокс жасатышат, чач тїшїї менен келишет, беттерин тазалатышат, дагы кєп нерсени жасатышат.

- Биздин медицина косметология боюнча мыкты адистер менен камсыз кыла алгыдай абалдабы? - Косметология - бул коммерциялык тармак, дїйнє капитализмде жашап жатат да, акча жасачу тармактын баары эле єнїккєн чынында. Косметологияда окуулар аябай кымбат, бир эле кїндїк семинарыў - 300 доллардан 500 долларга чейин. Бразилияга, Испанияга барып окуп келишет, ал жакка барышыў - 6 миў, 7 миў евро. Бизде кудайга шїгїр єнїккєн. Орусиядан калбайбыз, кээ бир жерде ашып да кетебиз. Бирок бизде тармак, эконом-сегмент жок болуп жатат. 3-4 кыйын адис, калганы орточо деўгээл. Єлкєбїз кичинекей, менин оюмча, жєнєкєй элге тармак сыяктуу, мисалы, бул жерде баштаган про№ 125 • 24-апрель, 2015-жыл

- Ал эми айымдарга бере турган башкы кеўешиўер кандай?

цедураны, Нарынга кетип деле ала бергидей, сапаты менен баасы туура келгидей болсо дейм… - Безетки оорусу эмнеден келип чыгат, андан кантип арылуу керек? - Безетки оорусунун себеби кєп. Биринчиден аталган оору тукум кууйт. Экинчиден организмдеги мите курттардын кесепетинен бул ооруга чалдыккандар кєп. Їчїнчїдєн єзгєчє кыз кишиники гармондордун туура эмес иштешинен келип чыгат. 20-22 жашка чейин-

Сулуулуктун башаты - маанай, жылмаюу, жакшы мїнєз жана жакшы сєз.

- Мен бул жерге келип кєздєрїн алайтып коркуп отурбай, косметологиядан тїшїнїк алып калышсын деп "Сулуулук сырлары" деп кыргызча китеп чыгардым. Айтайын дегеним, азыр билебиз, кєп тїйшїктєнгєн - аялзаты, башта канча проблема жїрєт, бир кїн эс алууга чыгып, сейилдеп, курбулары менен жолугушуп - тїйшїктї унутсун. Сулуулуктун башаты - маанай, жылмаюу, жакшы мїнєз жана жакшы сєз. Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА


13

ПАЙДАЛУУ КЕЎЕШ

БАЙСЕРКЕЕВ Кубатбек Асанакунович, элдик дарыгер:

ДАРЫГЕРДИН ЇЧ КУРАЛЫ БАР кайталап айта бериўиз сиз каалаган нерсени аласыз же ошого жетесиз. “Жакшы сєз жан эргитет, жаман сєз жан кейитет” дейт элибизде. Жакшы сєздї эў биринчи єзїўїздєн баштаўыз. Єзїўїзгє кїзгїнї карап алып жакшы сєздєрдї каалоо- тилектерди кєбїрєєк айтыўыз. Андан кийин башкаларга айтканга жеўил болот. Мурун бир акылмандан жаш жигит акыл їйрєтїїнї сураптыр, анда акылман “эртеў маймыл жєнїндє ойлонбо дептир. Эртеси жаш жигит кэчєє сиз маймылды неге айттыўыз, мен кечке маймыл жєнїндє ойлоно бердим десе.

А

Табыпчылык єнєрдї аркалаганыма кєп жылдын жїзї болгондуктан окурмандар менен бир аз болсо дагы ой бєлїшїнї чечтим. Дарыгердин їч куралы бар. 1) Сєз, адам менен баарлашуу. 2) Дары, дары чєптєрдїн ар кандай тїрлєрї. 3) Бычак, хириргуряалык жол.

М

ен чыгыштын табыпчылык єнєрїн окуп їйрєнгєнїмдє алар кєбїнчєсїн сєзгє єтє чоў маани берерин билдим. Андан кийин, Аюрведа илимин Индиядан жана Тибеттен окуп їйрєнїп келген Жолдошбек Султан байкеден дагы табыпчылык єнєрїн їйрєнгєнїмдє, ал киши сєз адамдын єтє чоў куралы экенин тїшїндїрїп берди. Ар бир адамдын бул жашоого болгон єзїнїн кєз карашы жана ички философиясы бар, ал бардык адамдын ички жан дїйнєсїндє орун алган. Жан дїйнєсї таза адамдар эч качан оорубайт жана кєп жашка чыгышат. Жан дїйнєнї кантип таза кармаш керек деген суроо келип чыгат. Ал суроого жооп сиздин оозуўузда, ал сиздин сєзїўїз.

С

из бирєєгє жаман сєз айтасызбы же айтпайсызбы кеп анда эмес. Кеп сиз басып туруп ичиўизден сїйлєнїп ойлоносуз. Кеп ошо сїйлєнїп ойлонгонуўузда болуп жатат. Сиз бир кїндє эмне жєнїндє ичиўизден сїйлєдїўїз, ким менен эмне жєнїндє сїйлєштїўїз байкап талдап кєрїўїзчї. Эгерде, оору жєнїндє кєп сїйлєсєўїз сиз анда кєп ооруйсуз, карыз жєнїндє кєп сїйлєсєўїз карыздан кутула албайсыз. Адам кандайдыр бир сєздї кєп айтса єзїнїн башына ошону чыкырып алат. Биздин кыргыз элинин макалы ушуга дал келет “Пенденин оозунда, кудайдын кулагында” деп. Эгерде адам эртеў менен тургандан баштап єзїн- єзї мактап кандай жолду, жолу ачык экенин кєп айтса жолу ачык болуп ишинде кєп ийгиликтер жаралат. Эгер оорлуу адам оорусунан айыктым деп турса да, жатса да кєбїрєєк айта берсе оорусунан тезирек айыканга жардам болот. Мисалы сиз тїтєп аткан оттун, тїтїндїн жанынан тезирек єтїп кетсеўиз тїтїн кийимиўизге сиўбейт, ал эми оттун жанында жїрсєўїз тїтїн киймиўизге аябай сиўет.

Б

из айтып аткан сєз дагы ушу сыяктуу. Бир нерсени кєп

нда акылман єзїўє жакпай калган сєздї унутуш бул акылмандыктын башаты” дептир. Биз дагы жаш жигит сыяктуу бирєєнїн айткан сєзїн эч бир унута албайбыз. Ичибизге бекем сактап ичтен сызып жїрє беребиз. Сиздин кєкїрєгїўїз кемпирдин сандыгындай эле. Сандыкка болбогон нерселерди сала берип бир убакыттан кийин ачып кєрїўїзчї не болоорун. Ар бир сєз єзїнчє кїчкє ээ. Эгерде сиз “эптепсептеп” деген сєздї кєп айта турган болсоўуз, жашооўузда эптеп-септеп болот. Мисалы “эптеп-септеп тигини кылып койсом болот эле же тиги карызды эптеп-септеп берсем болот эле, оорудан эптеп-септеп айыксам болот эле” деп кєп айтсаўыз. Анда сиз бул жашоодо кєп ийгиликке жете албайсыз.

А

нткени бардыгы сиздин сєзїўїздє жатат, сиз эптеп-септеп деп айтып атасыз ошого жараша жараткан дагы эптеп-септеп бирдемелерди бере берет. Экинчиси “эле” деген сєзїўїздє жатат. “Эле” деген сєз арсар сєз, бул чексиз ишке ашпаган сєз. Биз ушунчалык сєзїбїзгє маани берсек ооруган адамдар аз жана жашообуз жеўил болмок. Биз болоор болбос сєзгє таарынабыз андан кийин ушакты кєп угабыз. Ушак бул єзї ооруу.

С

изди бирєє антип айтты, минтип айтты деп бирєє айтып келсе, сиз андан єч алуунун жолун издей баштайсыз. Тамак ичип отурасызбы же басып жїрєсїзбї уккан сєзїўїздї эч унуталбайсыз, бул сєз сиздин ичиўизге терс энергияны пайда кылат. Кєп учурда сизди кыжаалат кылат, кєп ойлонгондуктан нервдин чарчоосуна алып келет, тїнкїсїн уйкуўуз качат, тынч уктай албай, организмге жетиштїї тынчтык жетпей, эртеў менен денеўиздин

шалдыроосун пайда кылат. Акырындап ушу сыяктуулар чогула берип оорулар пайда болот. Оору асмандан тїшпєйт оору жан дїйнєбїздїн таза эместигинен пайда болот. Оору бир жериўди єзгєрт деген белги. Оюўду же болбосо сїйлєгєн сєзїўдї. “Балык башынан сасыйт” деген макал сыяктуу биз да башыбызга толгон токой мусорлорду толтуруп алганбыз. Бул ыгы жок санаа.

С

из ички сїйлєгєн сєзїўїздї иреттесеўиз оюўуз иреттелет, оюўуз иреттелсе, акылыўыз иреттелет андан кийин жашооўузда єзгєрїїлєр болот. Балдарыўыз тентек кылып же бир ишти туура эмес жасап койсо жаман сєз менен урушпагыла єзїўїз єз тукумуўузга каргыш айтып жатасыз. Мисалы эшек, чочко, талаада калгыр, єлїп кеткир ж.б ушу сыяктуулар. Мунун баары жерде калбайт, бардыгы уул же кыздарыўыздын аў сезимине сиўип калып, акырындан аларды уктура берет, бул єзї каргыш болуп эсептелет. Андан кєрє уул, кыздарыўарды жакшы сєз менен урушуўуздар. Мурун ата-бабаларыбыз сєздїн кїчїн билгендиктен балдарын жакшы сєз менен урушкан. Єркїнїн єскїр, зоболоў кєтєрїлгїр, бай болгур деп. Бардык айтылган сєздїн кїчї сиз эмнени гана тилебеўиз ошо ишке ашаарына ишениўиз. Бул жашоодо жыргап жашайсызбы же куурапбы бардыгы сиздин тилиўизде жатат. Эртеўки кїнїўїз жакшы болсун десеўиз, бїгїнкї кїнїўїзїдї жакшы кылыўыз. Бїгїнкї кїнїўїзгє ыраазычылыгыўызды айтыўыз. Башында айттык го дарыгердин биринчи куралы “сєз” деп сиз канчалык ооруулу болсоўуз дагы жакшы адамдар менен сїйлєшїўїз алар менен пикир алышаўыз сиздин айгышыўыз тез болот.

С

изге сєз жєлєк болот. Жакшы санаалаштарыўыз болсо алар менен сыр бєлїшїўїз же аккан суунун боюна барып шашпай отуруп алып ичиўизди эзип аткан ой санааларыўыздын баарын толук айтыўыз, ичиўиз бошоп бир топ жеўилдеп сергип каласыз. Адамдар менен дос болом десеўиз алардын сєзїн бузбай уга билиўиз. Урматтуу окурман бул газета аркылуу сиз менен ой бєлїшкєнїмє ыраазымын. Эми сизге чыў ден-соолук каалайм. Ар бир сєзїўїз сизге албан ийгиликтерди алып келсин. Жашооўуз бакубат, телегейиўиз тегиз, маўдайыўыз жарык, ууртуўуздан кїлкї кетпесин. Бар болуўуз! № 125 • 24-апрель, 2015-жыл


14 • Áîþ êè÷èêèé àäàìäàð áîëóï ßïîíèÿíûí êàëêû ýñåïòåëñå, àë ýìè áîþ óçóí àäàìäàð áîëóï Ãîëàíäèÿíûí êàëêû ñàíàëàò ýêåí.

• Àäàì áàëàñû ºì¿ð¿íäº êºïòºãºí øèëåêåé èøòåï ÷ûãûï àíû ò¿ê¿ð¿øºò. Ýãåð àë øèëåêåéëåðäè ÷îãóëòñà, ýêè îðòî êºëºìäºã¿ áàññåéí òîëîò ýêåí.

ДЕН-СООЛУК • 1 àéäàí 3 àéãà ÷åéèíêè íàðèñòåëåð ûéëàãàíäà æàø ÷ûãàðáàé ûéëàøàò ýêåí. Социалдык кыйынчылыктар, їй-бїлєлїк, биртуугандык талаш тартыштарды , коллективдик чыр чатакты жєнгє салат. Тибет медицинасынын ыкмасы менен Ян Инди аныктайт, тамыр аркылуу диагноз коюп, Кыргызстандык бийик тоолорунан жыйналган чєптєрдїн 200 тїрї менен дарылайт.

• Ä¿éíº æ¿ç¿íäº àð áèð 3 ñåêóíä ñàéûí íàðèñòå òºðºëºò

• Карып бараткан беттеги бырыштарды жазат.

• ìàãàçèíäåí ñîîäà êûëûï ÷ûêêàí àÿëäàðäûí 90% î¢ æàêà áóðóëóøàò ýêåí

• Тери оорулары: писариаз, экзема, аллергия, буттагы грибок, чакалай, баштагы дермобайт безекти чернес.

• Ýðêåê áàëäàðäûí êºá¿í÷ºñ¿ ê¿íä¿ç¿ òºðºëñº, àë ýìè êºá¿í÷º êûç ò¿íê¿ñ¿í æàðûê ä¿éíºãº êåëåò ýêåí.

• Бронха астма, ангина, кєк жєтєл, туберкулез, ларингит, гаймарит, радикулит, куяў, белдеги грыжа, ич катуу. • Кыз келиндер оорусу: эрозия, мастапатия, истит, миома, фиброма, менструалдык бузулуулар, климакс, лейкопенения, зарасын кармай албагандар. • Прастатит аденома, энурез, геморой, релатизм, колтуктагы колоўсо, буттагы шыбоо, коўурук ж.б.

• 47% àäàì áèð àéäà æîê äåãåíäå áèð æîëó æàìàí ò¿øòºðä¿ êºðºò ýêåí.

• Гепатит А, Б, С.ўдавление тїшїрєт, кант диабети. • Бєйрєктєгї, табарсыктагы сезгенїїлєр ж.б. у.с.

• 100 æàøêà ÷åéèí æàøàãàíäàðäûí 80% àÿëäàð áîëîò Анан ал басма сєздє, башка маалымат каражаттарындагы айтылгандардын бїт баарынын чын-жалганын териштире талкуулай берген болбогон иш экен. Теле менен кинолордогу атып єлтїрїїлєрдї да ал шылдыўдап кїлчї, жининдей жек кєрчї, анткени жанагыл киши єлтїргїч їч жолу атып, анан жерге кулаган каршылашынын єлгєн-єлбєгєнїн текшерген ок менен аны башка атып, айтор, мындай аракет ага тааныш эле, єзї да андайды жаўылбай жасоого даяр болуп бїткєн болчу. Кээде оюндан тигил шек билбегендей тез кыймылдап, текшерїї огум чыгарып, анан тапанчасынын оозун єз чыкыйына такам туруп, машаны басып жиберчї. Бїттї! Оо дїйнєдєн кайра баштан жолугарбыз... Ошондо териштирербиз. Бирок ал ага чейин бир нерсени билип алгысы келет да, анан аны ошо бойдон тигил дїйнєгє алып кетїїнї самайт. Ал кан кызыткан кызыл кек. Тигил айбан продюсерди, тигил шоумен жалаўкычты, анан єзїн атат, бул колдон келе турган иши, ошондо Айа не болот, єйдє жак аны бул ишке кїнєєкєр таап, тирїїлєй тозок отуна салып жазалаганда анысы «Кызкайыпты» ырдабай калган їнї менен жїлїнїн сууруп, жїрєгїн тилип ийгендей боздоп, єзї саткан сїйїїсїн, єзї єлтїргєн «Кызкайып- ты» эч качан эстен чыгарбашын, бул їчїн кїнєєлїї экенин жандїйнєсїнїн азапка батышы менен сезип турушун каалайт. Бейишкеби, тозоккобу, айтор, ала кетер кєрїнбєс жїгї ушул. Ооба, экєєнєн башка жан билбеген Хайдельбергдеги сїйїї тарыхын жїрєгїнїн соўку кагышына дейре эсинен кетпей турушун каалады. Тигиниси ошол шаардын мэриясынын атайын чакыруусу менен концерт бергени, а мунусу болсо аны коштогон журналист катары барган да, Германиянын Хайдельбергиндеги тоодогу замокто, ай нуру сїттєй тєгїлгєн махабат тїндєрїндє, ак гїлї жытын аўкыткан ландшафтта, немистердин тээ орто кылымдагы тарыхый шаарынын жогору жагындагы сейил бакта кынала басып жї-

№ 125 • 24-апрель, 2015-жыл

• Нерв илдеттери: эпилепсия, стресс, коркоктук, шизофрения, тырышуу, арак ичкендер, тамеки тарткандар, наркомания. • Шишик (опухоль), рак, эмчектеги метостаза клеткаларынын єсїшїн токтотот.

ЧЫЎГЫЗ АЙТМАТОВ (Сандан санга)

Тоолор кулаганда (КЫЗКАЙЫП)

Роман

рїшкєндє «Кызкайып» идеясы жаралган. Ошол їчїн ошо Хайдельбергдеги керемет кїндєр эсинен кетпей, тигини акыркы кєз ирмемине чейин ботодой боздотуп, жалгызынан айрылгандай єксїтїп, сыздаган їнї жалган дїйнєдєн чын дїйнєгє угулуп турсун. Ошондо Арсен Саманчин ал дїйнєдєн куду тигинин кєргєн кїнїн кєрїп, анан бїт ааламга: «Эми бизге Хайдельбергдеги тїндєр эч качан келбейт!» - деп кыйкырып турмак. Ушинткиси келди, анткени ал бу дїйнєдє бїтїрє албаган Хайдельберг романын тигил дїйнєдє да жаза бермек. Канткен менен бул ойлор дилазабынын ыры эле, ошондуктан ал єзїн бїт бардыгын унуткун, мунун баары кыжалаттан чыккан ой деп ынандыргысы, єзїн єзї кармагысы келди, а бирок єткєндєр єчпєс єчїндєй кїйїп, єзєгїн кайра єрттєдї, ємїрїн сындырган кегин алууну туталана

кїсєй берди, кыянаттарга кыямат кїндї тїшїрєм деп кєшєрїп алды. Бала чагында кулагына куюлган бир сєз, болгондо да кыл чайнаткан кыйчалыш кезде айтылчу накыл элирген оюн ого бетер дїрбєтїп салды: «Камчы сабын сындырган касташканыў келгенде, эмне болсоў ошо бол, эч убакта алдына барып баш урба, толтосуна канжар толгоп касыўдын канын кана жут да, ба- сып кет. Антпесеў єзїўдїн каныўды ал кашыктап тїгєтєт. Кан ичме кастык дегендин жайы ушундай». Бул сєздєр качан, кайда, кандай кырдаалда айтылганын ким билсин, айтор, атадан балага єткєн сєз экен. Азыр ага ошол сєз айтылган кездей кез келди; же душманыўды єлтїр, же єз жаныўды єзїн кый! Башка жолдун бїт бардыгы тїгєнгєн. «Жок, эмне їчїн, — деди ичинен. — Бол- бойт!» Єзїн жемелеп-жемелеп алып, эсине келген.

• Ички органдагы, денедеги курттарды тїшїрєт. Аскарида, ламбилёз, тумхоланда, кене, демодекс, токсокара, дизбактериоз, митоз ж.б. • Толуп кеткендерди арыктатып жел кабызды чыгарат. • Оорулардын шыпаасын касиеттїї чєптєрдєн тапса болот. Сакайбаган оору жок. Ар кимдин ден соолугу єзїнїн колунда! Ахунбаева кєчєсї №90 (Онкологиялык больницанын жанында, болжол менен Абдрахманв кєчєсї менен кесилишкен жерде). Тел: 0772850673

Ошондо ал єзїнїн їйїндє эмес, бєтєн жерде жїргєндєй чочуп, бирєє-жарым угуп койдубу деп эки жагын элеўдей карап терезеден шак четтей берип: «Ке-лесоо десе! Дагы эмнени айтып жатасыў?» — деп кекечтене єзїн сєктї. «Душманыў го бар экен, а бирок аны эмнеў менен атасыў? Алдагы калтыраган сєємєйїў мененби? - Анан дубалда илинип турган кїзгїгє келип єзїн кєрдї да, аз жерден бетине тїкїрїп жибере жаздады. - Ушу сенин оюнчук тапанчаў да жок, анан аны єлтїргїў, кєз кєрїнєє атып салгыў жана жаныўды кыйгыў келет! Кыйынын мунун! Єлєр иттей энтигип араў турат да, анан єлтїрєт элем дейт! Куралды кайдан аласыў?!» Куралды кайдан табам деп ойлоно баштады. Ал жалданма киши єлтїргїчтєр жєнїндє, алардын ыкмалары тууралуу кєп уккан, кинолордон кїндє кєргєн, оўойдой эле туюлган, а бирок башка тїшкєндє анын эмне экенин билет экенсиў. Ниети туура кєргєн соў, тапса да, сатып алса да болот. А бирок атканды билиш керек да!.. «Кызкайып» кїйїтї болсо кїчєй берди... Ушинтип жатып уктаган эле, тїш кєрдї. Чєнтєк телефонун кармап алыптыр, чалган жок, анысын тапанча сымал бир жакка мээлеп жатыптыр, атылмак беле, ошо маалда їй телефону безилдеп ийди. Ойгоно калып телефонго келди да, трубканы алган жок. Кайдан сїйлєшсїн, кыжырдана кол шилтеп койду. Дагы шыўгырады, дагы албады. Жок жерден тїйшїк табылды, тапанчаны огу менен табышы керек. Кимге барса?.. Таў сєгїлїп, кєчє ойгоно баштады. Ал дагы эле эмне кыларын билбей, тынчы кетти. Бул балакетти кайдан табат? Балээси башты жейт окшойт. Билгендер курал саткан базардан тапса болот деп айтып жїрїшєт, акчанын кєзїнє карабай сатып алышы керек, пулду їнємдєп кєрїнє алып жатмак беле. Пул эмес ємїрї тїгєнгєнї турат... Ошону айтсаў, мындан ары кайгы-капа арман жок...


СКАНВОРД

15

№ 125 • 24-апрель, 2015-жыл


16

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУН ТАРЫХЫ Мындан кырк жыл мурун алгачкы уюлдук телефондон чалуулар болгон. Ал эми 20 жыл мурун эле уюлдук телефонду тандалгандар жана жумушуна байланыштуулар кєтєрїп жїрїшчї. Ал эми кєпчїлїк їчїн жапайыдай сезилчї. Азыр уюлдук телефону жок эч нерсени элестетїїгє мїмкїн эмес. Бирок уюлдук телефондун тарыхы 20-30 жыл мурун эмес 40 жыл мурун башталган.

бат келээрин билдиришкен. Иштебей, жєн эле жаныўызда жаткан телефондун да зыяны бар экен.

ФРАНЦИЯДА Францияда катуу жаан жаап, чагылган тїшїп жатканда жашоочуларга уюлдук телефон менен сїйлєшїїгє катуу тыюу салынган. Анткени электромагнит менен чагылгандын мамилеси тууралуу айтпаса да белгилїї. Швецияда кээ бир уюлдук телефондон адамдар аллергия болушат.

жаўы чыккан моделге кызыккандыктан телефондорду таштандыга ыргытат. Бул жагынан єзгєчє Корея эли активдїї келишет экен. Анткени телефондун улам жаўы чыккан моделине ээ болушат.

ЭСТОНИЯДА Кичи мамлекет Эстонияда шайлоо эми бюллетен менен эмес, уюлдук телефон менен єтєт. Тагыраак айтканда, эстониялыктар жактырган талапкерлерине їйдє отуруп эле смс жєнєтсє болот

Аны Motorola компаниясынын инженери Мартин Купер ойлоп чыгып, 40 жыл мурун 3-апрелде 1973жылы алгачкы чалууларын жасаган. Уюлдук телефондун узундугу 22см , сїйлєшїїлєрдїн узундугу заряддалган бир аккумулятору 35 мїнєткє жетчї. Ал эми кайрадан заряддап отуруп 10 саатка чейин сїйлєшїїгє мумкїн болгон. Азыр дїйнєдє 7 миллиарддан ашык уюлдук телефон колдонулат. Дїйнєнїн жалпы калкынын 87 пайызы колдонушат.

ТЕЛЕФОНДУН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ Бїгїнкї кїндє тили чыккан кичинекей баладан єйдє кєтєрїп жїргєн уюлдук телефондун пайдасы менен зыяны жєнїндє маалыматыўыз барбы? Чынында ыўгайлуулугу, зарыл жумуштарды дароо бїтїргєнгє мїмкїнчїлїк тїзїлгєнїнє кєпчїлїгїбїз сїйїнїп, чєнтєк телефондун тийгизген зыяндарына кол шилтеп, кєз жумуп келебиз.

Ушундай илдетке кабылгандарга мамлекеттик бюджеттен 250 миў доллар тєлєнїп берилет. Ал акчаны алган Швециянын жараны борбордун четиндеги телефон тартпаган райондордун бирине кєчїп кетїїгє акысы бар.

ДЇЙНЄДЄ Дїйнє жїзї боюнча 3,3 млрд телефон бар. Болжолдуу тїрдє 100 адамга 158 телефон туура келет. Бир жылда 125 млн телефон таштандыга жєнєйт. Эскирип керектен чыккан їчїн эмес, колдонуп жїргєн телефону канааттандырбай, адам баласы улам

Статистика боюнча кореялык єспїрїм телефондон бир жылда 20000 смс, бир кїндє 60 смс жєнєтєт. Ал эми 30� бир кїндє эле 100 смс жазып жєнєткєнгє їлгїрєт. Кайсыл учурда окуганга їлгїрєт деген суроо туулбай койбойт. Деги эле колундагы телефонду кєпчїлїгї фонарик катары пайдаланышат. Ал эми Англияда телефон аркылуу коркутуп-їркїткєн кєрїнїштєр модага айлангандай эле. Япониялыктар ойлоп тапкан мобилдик телефондон китеп окуганга да болот. Тагыраак айтканда, каалаган китебиўизди телефонуўузга жїктєп алып кайсы убакыт болбосун окуй аласыз.

УРМАТТУУ ОКУРМАН! "АЙБАТ" гезитине жазылуу жїрїп жатат!

ЭЎ БИРИНЧИ ЗЫЯН Компьютер, телевизорго салыштырмалуу уюлдук телефондон єзгєчє кєп электромагнит чыккандыктан аны менен сїйлєшїп жатканда башты, кєздї ысытып нерв системасына чоў зыянын тийгизет. Эгерде сиз уюлдук телефон менен єтє кєп убактыўызды чектебей сїйлєшсєўїз иммунитетиўизге чоў коркунуч туулат. 1990-жылдары Американын окумуштууларынын изилдєєсїнє таянсак, мээсине шишик пайда болуп єлгєн аялдардын єлїмїнє дал ушул уюлдук телефон себеп болгон. Ал эми Норвегия менен Даниянын изилдєєлєрї уюлдук байланыш менен тыгыз мамиледе жїргєндєр баш оорусуна, уйкусу канбай, жиндери

№ 125 • 24-апрель, 2015-жыл

Жазылуу почта кызматын кошкондо:

- 1 айга – 49 сом 50 тыйын - 3 айга – 148 сом 50 тыйын - 6 айга – 297 сом 00 тыйын Жазылуу республиканын, бардык почта бєлїмдєрїндє чектєєсїз жїргїзїлєт.

СЇЙЇКТЇЇ ГЕЗИТИЎИЗГЕ ЖАЗЫЛЫЎЫЗ!

Жазылуу индекси: 68546


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.