Айбат - коомдук-саясий гезити №123

Page 1


2

АЙБАТ ПРЕСС

ЄКМЄТ БАШЧЫ ОТОРБАЕВ КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН ЧЕТ ЄЛКЄЛЇК ЖАРАНДАРДЫН КОЛУНА КАРМАТАБЫ? Чуулгандуу «Кумтєр» маселесинин чуусу бїтпєс болду. Бул маселени Кыргызстандын кызыкчылыгына чечип берет экен деп шайлаган єкмєт башчыбыз Жоомарт Оторбаев дагы кечээ жакында эле «азыркы эле келишимдин негизинде иштегенибиз жакшы болот экен» деген тыянакка келгендигин жар салды. Болбосо буга чейин ал канадалыктар менен Биргелешкен ишкана тїзїї тууралуу сїйлєшїїлєр жїрїп атканын, ал аяктап баратканын саймедиреп келген эле. Мына ушундай билдирїїсїнєн кийин эле ал Мамлекеттик мїлк фондун жетектеп келген Дїйшєн Ирсалиевди бир айга убактылуу кызматынан четтеткендиги маалым болду. Биринчиден, эмне їчїн кїтїїсїздєн, кескин тїрдє мындай кадам жасалды деген суроо туулат. Экинчиден, эмне їчїн бир айга гана? Кєрсє, окуянын чоо-жайы мындайча экен. Ирсалиевдин айтымында Жоомарт Оторбаев «Центерранын» директорлор кеўешине 8 адамды сунуштаса, алардын жетєєсї чет єлкєнїн жарандары экен. Сегизинчиси гана Кыргызстандын жараны Кылычбек Шакиров болгон. Маалымат їчїн айта кетели – директорлор кеўешине сунушталып жаткан жети чет єлкєлїктїн экєєсї Улуу Британия, экєє АКШ, дагы экєєсї Канада, бирєєсї Казакстандын жарандары. Мына ушул сунушталган талапкерлерге єкмєт мїчєлєрїнїн да макулдугу керек болгон. Мына ушул жерден Ирсалиев менен Оторбаевдин ортосунда келишпестик пайда болот.

Тактап айтканда Ирсалиев мырза аталган талапкерлер тууралуу толук маалыматы жок туруп, макул болбостугун билдирген. Бирок, єкмєт башчы ага талапкерлердин таржымалы менен таанышып чыгуусу їчїн эч кандай убакыт берген эмес. Демек, кандайдыр бир шашылыш кызыкчылык болгондугун боолголосок болот. Анан кол алдындагы кызматкердин анын эркине баш ийбегендигине нааразы болгон єкмєт башчы кїтїїсїздєн, кызуу кандуулукка алдырып, Ирсалиевди бир айга кызматынан убактылуу бошотуп коюп атат. Анын ордуна єзїнїн єкїл баласы Азамат Абдыбекти убактылуу милдетин аткаруучу кылып дайындайт. Мына ушул жерден экинчи суроого жооп издеп кєрєлїчї? Эмне себептен бир айга убактылуу бошотту? Тїшїнїктїї эле. Єкмєт башчы сунуштаган чет элдик жарандардын талапкерлигин жалпы єкмєттїн курамы менен макулдаштырып алуу. Ирсалиев ага моюн толгосо, єкїл баласы «аный» дебеси аштан бышык. «Мен бир кїндїн ичинде аталган чет элдик талапкердин таржымалы менен таанышып жетише албайт болчум. Анан дагы бул талапкерлер Кыргызстандын кызыкчылыгы їчїн тураарын кїмєнїм бар. Балким булардын артында Максим Бакиев, Джордж Сорос єўдїї байлардын кызыкчылыгы болушу мїмкїн. Андыктан мен Кыргызстандын элинин байлыгын рейдерлик басып алууга тушугушун каалабайм» деп билдирет Ирсалиев. Ирсалиевдин мындай

билдирїїсїнє єкмєт башчысы жєн гана «Жаўы дайындаган убактылуу милдетин аткаруучу менин єкїл балам эмес» деп гана жооп берген. Ошентсе да жогорудагы айтылган суроолор жоопсуз калууда. Эмнеге Ирсалиевге директорлор кеўешине кєрсєтїлїп аткан талапкерлердин

таржымалы менен кеўири таанышып чыгууга убакыт берилбеди? Эмнеге аны бир айга гана убактылуу кызматынан четтетип, кайра биротоло алды муну кандай тїшїнсє болот? Балким Жоомарт мырза єзї жооп берип калгысы бардыр…

КОРРУПЦИОНЕР КОРРУПЦИОНЕРДИ КОРГОП АТАТ Бишкек шаары боюнча мамлекеттик салык кызматы башкармалыгын жетектеп аткан Кабыл Абдалиев аттуу эрен бар. 50 жаштын ашын ашап калган Кабыл мырза салык кызматы тармагында 1991-жылдан бери карай иштеп келет. Адегенде катардагы инспектор болуп ишмердїїлїгїн баштаган болсо, бара-бара салык кызматындагы жогорку кызматтарды аркалаган. Маселен, 1998-жылдан 2007жылга дейре єлкєбїздїн Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары боюнча мамлекеттик салык кызматынын инспекция начальниги кызматтарын аркалаган. ЖалалАбад облусу боюнча бул кызматты эки ирет ээлеп тургандыгын айта кетели. Биринде Акаевдин убагында, экинчисинде Бакиевдин убагында. Албетте анын єз кесиби боюнча профессионал адис экендигинде кеп жок. Бирок ошол эле учурда анын кесиптештеринин айтымында, єзїн

єтє жогору баалаган, ач кєз, керектїї адамдар менен мамилени кыйын тїзгєн, паракорлукка башын ыктаган жетекчи катары сїрєттєлєт. Салыкчылардын эмгек жаКоммерциялык директор:

Гезит ээси:

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл

маатында К.Абдалиев убагында мамлекеттик салык кызматынын тєрагалык кызматына “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ємїрбек Текебаевге 200 миў доллар берип келген деген кеп желип-

Бектур БАЙМОЎОЛОВ (0772) 16 11 00

Веб-сайт: www.AIBAT.kg

Редакциялык жамаат:

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: aybatkg@mail.ru

Акинай АЙДАРОВА Рахатбек РЫСАЛИЕВ Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА Дамир ЭСЕНГУЛОВ Мирбек АСАНАЛИЕВ Мирбек МАМБЕТОВ

Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

жортуп келгенин жашыра албайбыз. Ал турсун, бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Мындан улам керектїї адамдар менен бат тил табыша алат деген мїнєздємєнїн чын экендигине ынанасыў. Себеби убагында бул эрен “Республика” партиясынын башчысы Ємїрбек Бабанов менен єтє жакын ымалада болуп келген. Анан анысы ээрден ыргып кеткенден кийин Бабановдун башкы оппоненти Текебаевге ыктап калганын байкасак болот. Мына ушундай саясый жїрїштєрдєн улам суроо туулат. Убагында Ємїрбек Бабанов єкмєт башчылыгынан бир аргымактын айынан ыргып кеткен эле. Ал эми Ємїрбек Чиркешовичтин дайындаган кадрлары четинен коррупциялык ишаракеттери їчїн камалып атат. Мисалга алсак, мурдагы социалдык єнїктїрїї министри Равшан Сабиров. Ал министрлик кызматка конгонуна кєп узабай эле кылмыш жообуна тартылган. Жакында эле “Кыргызгаз” Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

ишканасынын жетекчилиги финансылык мыйзам бузууларга барганы аныкталды. Бул жетекчиликте дагы Текебаевдин кадры отурган. Эми ошолордун катарын Абдалиев толуктап калбас бекен? Себеби жогорку кызматка отуруш їчїн 200 миў доллар пара берген жетекчи таза иштемек беле деген суроо єзїнєн-єзї жаралат да. Баса, К.Абдалиев єлкє казынасына 40 млн. сомго чукул зыян келтирди делип айыпталып жаткан Акматбек Келдибековду ачыктан ачык коргоп кирди. Жарыктык кишиге не болду? “Коррупционер коррупционерди колдойт” деген ушулбу? Же єзїнїн бир кездеги “былыктары” четинен чуурулуп чыгаарын жїрєгї сезип, алдын ала коргонуп аткандагысыбы? Себеби эртеўки кїнї: “Мен позициямды ачык билдирсем саясый куугунтукка алышты” деп актанганга жакшы эмеспи? Мындай “ойдолотмо” саясатты биздин саясатчылар далай ирет колдонгонуна кїбє болгонбуз.

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №903

Нускасы: 5000


3

ОППА-ОППОЗИЦИЯ Бакыт БАКЕТАЕВ, саясий серепчи:

“ЭЛ ОППОЗИЦИЯНЫ КОЛДООГО АЛБАЙТ” айтылып тарап кетишет. Бирок, эл оппозицияныэч кандай колдоого албайт. Себеби, аларда элди ээрчите ала турган лидер жок.

- УОК Жалал-Абад шаарында 11-апрель кїнї курултай єткєрїї демилгесин коомчулукка билдирген эле. Бул курултайдын учурда канчалык зарылчылыгы бар? - Менин оппозициянын учурдагы ишмердїїлїгїнє кєз карашым терс. Элди чогулткандан кийин татыктуу программалар каралып, элди астыга сїйрєй турган пландар каралып, масштабдуу мааниде єткєрїшї керек. Мен азыркы оппозициядан андай эч кандай аракеттерди же программасын кєргєн жокмун. Кандай гана митинг чогулса элге коркунуч болот. Ал эми Жалал-Абад шаарында єткєрїлє турган курултай болсо, тынчтык мааниде эле єткєрїлєт. Бийликке карата талаптар

- УОКтун курамындагы саясатчылар элге кадыры сиўбегендиктен оппозиция алсыз деп коомчулук баа берип келет. Ал эмес УОКтун тєрагасы болуп турган кезде Равшан мырза дагы бир катар оппозиция тараптагы саясатчылар алсыздыгын мойнуна алышкан. Сиз кандай ойлойсуз? - Азыр курултайды єткєрїїнїн зарылдыгы бар. Бирок, Курултайдын мааниси элди чыныгы жїрєгї менен сїйгєн, колдогон саясатчылар тарабынан єткєрїлїшї керек. Ал эми оппозиция курултайдын кызыкчылыгы менен сырткы кызыкчылыктарга элди алмаштырып салуусу мїмкїн. Ошондуктан эл азыр чечим чыгараарда тереў ойлонуп туруп анан чечим чыгаруусу керек болуп турат.

ЭЛДИ ЄЗЇНЄ ТАРТА АЛБАГАН ОППОЗИЦИЯ, АДАТЫНЧА ДАГЫ БИЙЛИКТИ КЇНЄЄЛЄЙ БАШТАДЫ Беш адамдын башы кошулган жерде дагы сєзїў єтїмдїї, угумдуу болушу їчїн адегенде ал адамдын кадыр-баркы болушу керек. Эгерде анын кадыр-баркы болбосо, анда сєзїн жан адам угуп койбосу турган иш. Анын сыўары учурдагы жаўы кагаз ташыгычы Кубанычбек Кадыров болгон БОК (Бириккен оппозициялык кыймыл) 11-апрелде Жалал-Абад шаарында курултай єткєрє тургандыктарын жар салышкан. Бирок, кыязы бул жолу деле алардын курултайына кызыккан адам болбой жатса керек. Буга чейин 2-3 ирет мєєнєтїн жылдырышкан курултайы кыязы Садыр Жапаровдун курултайындай болуп белгисиз мєєнєткє жылганы туру го. Себеби окшошконго мушташкандар чогулуп алып, ич ара лидерликти талашып атышса, батыш тарапка ат тезегин кургатпай катташып, ал жактан финансылык колдоо кїтїп атышса, анан алар-

га карапайым элибиз ишенмек беле? Мына ушундайча элдин маанайын байкаган БОКчулар эмитеден эле эптеп актануунун амалын издей баштаган сыўары. Дегенибиз алар маалымат булактарына баягы адаттарынча эле «Бийлик биздин курултайга бут тосуп атышат, бизди УКМК менен ИИМ кызматкерлери кєзємєлдєп атышат» деп билдирип чыгышты. Албетте, тартип сакчылары ар качан тартипти сактоо максатында ар бир ишти кєзємєлгє алып турушу керек. Ал курултайга каршы аракет эмес. Муну оппозиция єкїлдєрї деле сонун тїшїнїшєт. Андыктан жумурткадан кыр издебей, элди эптеп бийликке каршы їндєйбїз деген аракетти токтотуп, салмактуу сїйлєп, салмактуу иштерди жасаш керек. Ошондо эле эл аларды колдомок. Тилекке каршы бардыгы камгактай жеўил болуп атышпайбы?..

МЫЙЗАМ ТОЙГОНЧО ЖЕП, ЄЛЄРЧЄ КАРГАНГАНГА ИШЕНЕБИ? Мурдагы баш прокурор Аида Салянованын кїйєєсї Бакыт Абдыкапаров аялынын артына эле жашына бербестен, «єз алдымча дагы актанып кєрєйїн» дегендей аракетин баштады. Тактап айтканда ал кыргыз тилдїї басылмалардын бирине маек куруп, єзїн єтє эле апакай кєрсєткїсї келип, таптакыр кїнєєсї жок наристе баланын образын жараткысы келген экен. «Кылычбек Арпачиев менин жердешим, бирок аны менен эч кандай мамилем жок» деп калптын казанын кайнатып отурганы эле анын кандай адам экенин кєрсєтїп турган жокпу? Арпачиев менен Саляновалардын ортосунда жєнєкєй гана мамиле эмес, їй-бїлєлїк карым-катыш мамиле-

си бар экендигин кайда жашырат. Макул бїткїл Кыргызстандын эли билбесе дагы, аларды жакындан билгендер «Бу Абдыкапаров чыныгы жалганчы экен» деген ойдо калышты го. Эске сала кетсек, дал ушул эле басылмага убагында Аида Салянова дагы маек берип, кїйєєсїн жергесууга тийгизбей таза кєрсєткїсї келгени эсибизде. Кыязы, эрди-катын жубайлар биригип алып бир гезит аркылуу єздєрїн «єлєрчє» актайлы дешсе керек. Бирок, мыйзам деген нерсе бул актанууну эмес, конкреттїї фактыларды гана тїшїнєт эмеспи? Муну Аида айымдын кїйєєсї анчейин тїшїнє бербесе дагы, єзї жакшы тїшїнсє керек…

Орозбек ДЇЙШЕЕВ, коомдук ишмер:

“АЗЫР ОППОЗИЦИЯНЫН КУРУЛТАЙЫНЫН ЭЧ КАНДАЙ ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ ЖОК” кєрїнїктїї эмгеги, планы деле жок. Мурдагы эле айтып келген дежур долбоорлорун алып чыгып элди алдагысы бар. Эл азыр эч кандай оппозицияны колдобойт. Мисалы электр энергия кымбаттады деп айтып жатат. Электр энергиясы єтє деле кымбаттаган жок. Ага караганда айлык маяна бир топ жогорулады. Биздин оюбузча оппозицияда жїргєндєргє тетирисинче бекем тартипти бийлик чакыра албай жатат.

- УОК мїчєлєрї Жалал-Абад шаарында 11-апрель кїнї Курултай єткєрїї демилгесин коомчулукка билдирген эле. Бул Курултайдын учурда канчалык зарылчылыгы бар? - Менин оюмча оппозиция єткєрє турган Курултайды эл колдобойт. Ушундай болору тууралуу азыртадан эле маалыматтар айтылып жатат. Азыр мурдакыдай ойлонуу кереги жок. Эл деле тїшїнїп калды кимдин кєз карашы кандай, ким кимди колдойт, ким кимдин арыгын чабаарын. Азыркы оппозициянын учурда

- УОКтун курамындагы саясатчылар элге кадыры сиўбегендиктен оппозиция алсыз деп коомчулук баа берип келет. Ал эмес УОКтун тєрагасы болуп турган кезде Равшан мырза дагы бир катар Оппозиция тараптагы саясатчылар алсыздыгын мойнуна алышкан, сиз кандай ойлойсуз? - Азыркы оппозиция чындыгында мурдагы саясатчылар алып чыккан оппозицияларга салыштырмалуу бир топ алсыз. Алсыз экен деп бийлик маани бербей койсо, ар нерсени бир айтып бийликтегилердин эмес, элдин кыжырын келтирип жатат. Биздин алдыга жылаарыбыз бир гана тартиптен эле кєз каранды болуп турат. Тартип оўолсо эле бир заматта алга жыла баштайбыз.

Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер:

“ОППОЗИЦИЯ ЭЛ ЧОГУЛТУУДАН КЇМЄН САНАП АР КАЙСЫ ШЫЛТООНУ АЙТЫП ЖАТСА КЕРЕК” - Жыпар мырза, БОКчулар (Бириккен оппозициялык кыймылы) Жалал-Абадда митинг єткєрєбїз деп 11-апрелге пландаган. Бїгїн болсо анын мїчєлєрї айрым маалымат булактарына маек берип "бийлик бизге бут тосуп жатат, УКМК менен ИИМ кызматкерлери биздин ар бир кадамыбызды аўдып калышты" деп кыйкырып чыгышты. Бул кыймыл элди чогулта албашына кєзї жетип ушинтип жаткан жокпу? - Чындыгында азыркы учурда баары ачык. Кыргызстанда жашыра турган эч нерсе жок. Оппозицияны куугунтуктап, камап, кысым кєрсєткєн заман єткєн. Ал эми оппозиция єздєрї кїткєндєй эл чогултуудан кїмєн санап эле ар кандай шылтоолорду айтып жатышы мїмкїн. Азыркы бийликти канча саясий кїчтєр аўдып турат. Эгер кокус оппозициягы кысым жасап, коркутуп-їркїтє турган болсо коомчулукта чоў талкууга айланат. Учурда кєчєдє жїргєн ар бир жаранда мобилдик телефон бар. Керек болсо жол эрежесин бузган унааны же тартип сактабаган чиновниктерди деле тартып жарыялап жатпайбы. - Оппозициянын єкїлдєрї азыр-

кы учурду 37-жылдагы репрессияга салыштырып жибериптир. Чын эле Кыргызстанда Сталин мырзанын заманындагы кєрїнїштєр кайталанып жатабы? - Азыр такыр башка заман. 37-жылда азыркыдай ээн-эркин жїрїї деген болгон эмес. Кимдир бирєє ашыкча сїйлєсє эле тїнї менен камап же тїп тамыры менен жок кылчу. Азыркы заманды 37-жылга салыштырууга такыр эле мїмкїн эмес. Дамир ЭСЕНГУЛОВ № 123 • 10-апрель, 2015-жыл


4

АПРЕЛЬ ЫЎКЫЛАБЫНА БЕШ ЖЫЛ

КЫРГЫЗДЫН ЫЙЫК ДЄЄЛЄТТЄРЇН БИЙИК КЄТЄРЄЛЇ! Эгерде 2010-жылы 7-апрелде жїз берген ыўкылап болбогондо бїгїнкї эркин жашообуз єкїм сїрєєрїн бир Кудайдан башка эч ким билбейт. Ошол кезде эл экономикалык кризистен, абалдын оордугунан, їй бїлєєлїк башкаруудан жадаганынан ак їйдїн эркелерин кууп чыккан. Бир болбогон шылтоо їчїн алар жанын кыймак эмес. Бийик мєўгїлїї тоолордун касиетинен баар тапкан, намысын тебелетпеген, абийирин туу туткан жоокер калк экинчи ирет кул болуудан кутулууну кєздєп, єз тилегине адам ємїрї, каны менен жеткен.

Ошол максаттын башатында тургандардын ичинен жїздєп эр жигиттер акка моюн сунушту. Єткєн беш жылда кыргыз єлкєсї жаўы багыты менен жашоосун улантты. Башта-

гыдай алып-жутарлардын, элдин ырыскысына кол салгандардын бети ачылып, коррупцияга каршы кїрєш кулачын жайды. Жакында эле єлкєбїз Европа мейкиндигине жол ачты. Албетте, дєєлєтї, кєкїрєгї бийик элдин маўдайы ачык болоорун єлкє башчы Алмазбек Атамбаевдин Европага болгон сапары тастыктады. Кїздєгї шайлоонун єз деўгээлинде єтїшїнє, стратегиялык мааниси бар жолдордун, ГЭСтердин салынышына аракеттер кєрїлмєкчї. Апрель ыўкылабынын жемишин кєрєєр кїндєр да келет. Ошондо “кайран баатырлар ємїрїн бекер кыйбаптыр” деп эскеребиз. Кыргыздын дєєлєттєрїн бийик кєтєрїїгє ар бир жаран єз їлїшїн кошсо єлкє кїчтїї болот.

ТАМЧЫ КАБАР ªì¿ðáåê Áàáàíîâ Êîíñòèòóöèÿíû ºçãºðò¿¿ áîþí÷à ºç ñóíóøóí êèðãèçäè *** Òîêîí Ìàìûòîâ êûçìàòòàí êåòèøè ì¿ìê¿í ýêåíèí áèëäèðäè *** ΢ ðóëäóó óíààëàðäûí ýýëåðèíå 3-èþíãà ÷åéèí êàòòîîäîí ºò¿¿í¿ ýñêåðòèøòè ***

Осунбек ЖАМАНСАРИЕВ, коомдук ишмер:

“7-АПРЕЛДЕ ТЄЎКЄРЇШ БОЛДУ ДЕГЕНГЕ КОШУЛБАЙМЫН” болгон эмес» деген пикирлерин кыйытып айтып келгендер да кездешет. Сиздин оюўузча бул кїнї эмне болду эле? - Чынын айтканда 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдердин бийлигине каршы эл чыкты. Бул кїндї тєўкєрїш болду дегенге кошула бербеймин. Узурпацияланган їй-бїлєлїк бийликти кетирип парламенттик башкарууга багыт алганыбыз бул факт. Аны эч ким тана албайт. Экономикалык жактан бир аз жетишпестиктер бар. - Осунбек мырза, 2010-жылдын 7-апрель окуясына беш жыл толду.Бирок бїгїнкї кїнгє чейин «бул кїнї куралдуу тєўкєрїш болгон, эч кандай революция

- Апрель революциясында карапайым элибиз алдыларына кандайдыр бир максатты коюп алып чыгышкан эмеспи? Ошол максаттар ишке ашып атат деп эсептейсизби?

- Чындыгында, 2010-жылдагы революция 2005-жылдагы ыўкылаптын уландысы деп айтсак болот. ЦАРИИ сыяктуу паралелдїї єкмєттїн тїзїлгєнїнє эл нааразы болгон. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Борбор Азияди биринчи жолу парламенттик єлкє болдук. Бирок, муну менен эле жыргап кеттик дегенге болбойт. Кескин тїрдє реформалар болбой жатканы байкалып эле турат. Мисалы, “Кумтєр” боюнча маселе Чубактын кунундай эле узарып чечилбей келе жатат. Ошол эле учурда чоў стратегиялык мааниси бар курулуштар бїтїп жатат. Канткен менен 7-апрель революциясы максатына жетти деп айтканга азырынча эрте. Иштеш керек. Ал эми Баш мыйзам жолтоо болуп жатканы айтылууда аны оўдоп туруп аракет кылышыбыз зарыл.

Æîëäîðäóí íà÷àðëûãûíàí ¿÷ àéäûí è÷èíäå 313 æîë êûðñûãû áîëãîí *** Áèøêåêòå Ýíåíè êîðãîî áîðáîðóíóí òºðºò ¿é¿íäº òºðò ýì ýðêåê áàëà òºðºëä¿ *** Áèøêåêòèí áîòàíèêàëûê áàê÷àñûíäà ñàíèòàðäûê íîðìàëàð ñàêòàëáàãàíäûãû àíûêòàëãàí *** Êàðæû êºçºìºë êûçìàòû æàíà áèëåò àëóó÷óëàð "Ýëäèê ëîòåðåÿ" ìåíåí ñîòòîøóóäà *** Ûñûê-Àòà ðàéîíóíäà äàãû 101 ýøåêòèí òóøó òàáûëäû *** Íàðûíäà òðîëëåéáóñòà àêûñûç æ¿ð¿¿ àêöèÿñû ºòºò

Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ, ЖК депутаты:

*** Îøòî êûç àëà êà÷óó àçàéäû

“АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ ТАРЫХТА ЧОЎ ТАМГАЛАР МЕНЕН ЖАЗЫЛЫП КАЛАТ” - 7-апрель революциясынын болуп єткєнїнє туура 5 жылдын жїзї болуп турат. Бирок бїгїнкї кїнгє чейин «бул кїнї куралдуу тєўкєрїш болгон, эч кандай революция болгон эмес» деген пикирлерин кыйытып айтып келгендер да кездешет. Сиздин оюўузча бул кїнї эмне болду эле? - 7-апрель революция деп ойлойм. Бул окуя чоў тамгалар менен жазылып, кыргыздын тарыхында калат. Куралы жок жаштар, бийликке карата кыжырданган жаштар 7 кабат Ак їйду басып алуусу оўой болгон жок. Бул жерде эл єзї деле мындай ызы-чуулуу окуяны каалаган эмес. Бакиевдин бийлиги коркуп кетип, элге ок чыгарды. Кан чыкканда кыжыры кайнаган эл бийликти кууп чыкты. Кландык їй-бїлєлїк башкаруу болгондуктан аны жоюп жок кылган элдин эмгеги тарыхта революция деп аталып калат. Анын баа№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл

ры Кыргызстандын эгемендиги кєз карандысыздыгы, экономиканын єнїгїїсї їчїн жасалган.

- Апрель революциясында карапайым элибиз алдыларына кандайдыр бир максатты коюп алып чыгышкан эмеспи? Ошол максаттар ишке ашып атат деп эсептейсизби? - Апрель окуясынын негизги максаттары толук аткарыла элек. Буга себеп катарында Бакиевдин учурунда бийликте иштеген адамдардын кайра башкаруу органдарында иштеп жаткандыгы тоскоол болуп жатат. Беш жылдын жїзї болду биз такыр тазалана албай келе жатабыз. Кадр саясаты азыркы учурдагы башкаруу органдарынын негизги кєйгєйї болуп калды окшойт. Ошентсе дагы жылыштар, єзгєрїїлєр бар.

*** Ãåîðãèé òàñìàñûíàí áàø òàðòóó äåìèëãåñè êàéðà êºòºð¿ëä¿ *** Ôðàíöóç òåëåêàíàëû ÈÌ òîáóíóí õàêåðäèê ÷àáóóëóíà òóø áîëäó *** Êåððè: Èðàí Éåìåíäåãè êîçãîëî¢÷óëàðäû êîëäîï æàòàò *** Íüþ-Éîðê áèðæàñûíäà ìóíàéäûí áààñû êåñêèí àðçàíäàäû *** Îîãàí àñêåðè àìåðèêàëûê æîîêåðäè àòûï ñàëäû ***


5

ГЕОСАЯСАТ Профессор Жеўишбек НАЗАРАЛИЕВ:

ЕВРОПА- ЄТКЄН ЗАМАН, КЫТАЙ - КЕЛЕЧЕК

Президент Алмазбек Атамбаев Евробиримдик єлкєлєрїндє 10 кїндїк иш сапары менен болуп 1-апрелде кайтып келди. Дїйнєлїк массалык маалымат каражаттарынын мамлекет жана анын башчысы їчїн маанилїї болгон бул иш сапарды чагылдырбаганына биздин мамлекеттик маалымат каражаттары таарына тїшкєндєй болду. Бирок дїйнєлїк маселелер гезит бетинде же интернетте эмес мамлекет башчыларынын сїйлєшїїлєрїндє чечилет.

ЛИССАБОН, ВЛАДИВОСТОК ЖАНА БИШКЕК ОРТОСУНДА Атамбаев бир топ абройлуу адамдар менен сїйлєшїї жїргїздї. Алардын арасында эў башкысы Евробиримдиктеги таасирдїї саясатчылардын бири ФРГ нын канцлери Ангела Меркель. Атамбаевди тосуп, алып Меркель айым “сиздин кайтадан келгениўиз жакшы болду” -деди орусча. “Сизди кайтадан кєргєнїмє кубанычтамын”- деп айтса туурараак болмок. Бирок немис тилинен тїз которулган канцлердин сєзїнєн, Атамбаевдин саясий ємїрїнїн узактыгын кыйытып билдирїї катары бааласак болот. Чындыгында, Кыргызстандын президенти Орто Азиядагы эў демократиялык деп эсептелген єлкєнї беш жылдан бери башкарып келет. Сїйлєшїїлєрдєн кийинки журналисттерге уюштурулган пресс-конференцияда Меркель коом алдында сїйлєє учурунда кїздє боло турган Жогорку Кеўешке шайлоодон башка маселе таба алган жок. Ал шайлоолордун жїрїшїндє “демократиялык принциптер” сакталышы керектигин баса белгилеп, шайлоого карата даярдыкка европанын жардамын сунуштады. Атамбаев менен Меркельдин ортосундагы ачык айкын сїйлєшїїлєр жабык эшик артында єттї. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы байланыштары Кыргызстандын президентинин Россиянын Украинадагы аракеттерине болгон кєз карашына байланыштуу болуусу ыктымал. Бизге белгилїї маалымат булактарынан жана президенттин єз сєзїнєн биз тємєндєгїдєй жыйынтык чыгардык: Кыргызстан расмий тїрдє Крымдын Россияга кошулушун тааныбайт жана бул кадамды эл аралык келишимдер тарабынан кепилденген Украинанын мамлекеттик территориалдык бїтїмдїгїн бузуу деп эсептейт, бирок юридикалык кадамды жана болуп єткєн окуяны кабыл алууда. Мындайча айтканда юристтер кєп колдонуучу ыкма “юридикалык факт”. Атамбаев єзїнїн европалык єнєктєштєрїнє, эгерде Крымда кайрадан референдум єтє турган болсо элдин 90 пайызы кайрадан Россияга кошулуу їчїн добуш берээрин бир нече ирет айтып кетти. Муну эстен чыгарбоо керектигин баса белгиледи Атамбаев. Жакында эле ФРГнын канцлери Путиндин учурдагы Евробиримдиктен да чоў Лиссабондон Владивостокко чейин созулган Европа

тууралуу кебин эсине алган. Бул идеяны кыргыз президенти да колдоно кетти: Лиссабондон Владивостокко чейин бирок Бишкек менен кошо. Бул иш сапарга болгон биздин президенттин жакшы даярдыгын белгилей кетїї керек. Россия Кыргызстандан Крымдын Федерацияын составына кирїїсїн дароо кабыл алышын талап кылган жок. Єз ара алакалар башка нукта жїрїїдє, Кыргызстандын Евроазиялык биримдикке кирїїсїнє Россия жакында кошумча 200 миллион доллар бєлмєк болду. Колдоого алынган Путиндин Петербургдагы сєзунє ылайык Крым менен байланышкан маселеде эл аралык келишимдер бузулду, бирок Крымдын эли эч кандай эл аралык келишимдерге жана мыйзамдарга карабай Россияга кошулууну каалары бул факт. Бул єўїттєн алганда анын Меркель жана Европа менен бирдикте Украинанын территориалдык бїтїмдїгї боюнча позициясы бир, бирок Путин менен дагы алакалар англистер айтмакчы business as usual(адаттагыдай жїрїїдє).

ДЕМОКРАТИЯНЫН АРАЛЫ Кыргызстандын їчїнчї президенти анын биринчи президенти Акаев кєтєргєн маселени Европада кайтадан кєтєрїп,Бакиев тїптєп кеткен терс иштер менен кїрєшїїдєгї ийгиликтерди кєрсєттї. Атамбаев европалыктарга коррупция менен кїрєшїїдєгї ийгиликтер тууралуу айтып берди. “Кол тийбестер” жок деп белгилеген президент муну демократиянын белгиси катары кєрсєттї. Анан да мамлекеттик бюджеттин киреше бєлїгї єсїп жаткандыгын белгиледи, бул албетте карыз берїїчїлєргє майдай жага турган жаўылык. Гомосексуализмди пропагандалоого тыюу салуу жана чет элдик агенттер тууралуу мыйзамдардын кабыл алынуусуна айтылган сын пикирлерге Атамбаев бул чечимдер демократиялык парламенттин чечимдери экендигин белгилеп єттї. Мыйзамдар депутаттар тарабынан сунушталат, албетте кээ бири “дыкат ойлонулган” эмес, бирок президенттин вето укугу бар андыктан ашыкча чочулоого себеп жок. Ушундай эле абал Ислам боюнча: Кыргызстан светтик єлкє жана анын жарандары араб маданияты менен динди аралаштырбайт. Тактап айтканда хиджаб кийишпейт, муну президент Бишкектин кєчєлєрїндє жїрїп баратып кєрїїдє. Андыктан Европалык Комиссиянын тєрагасы Жан Клод Юнкер жана жана Европа Кеўешинин башчысы Дональд Туск менен болгон сїйлєшїїлєр да ийгиликтїї єттї. Буга кошумча президент Брюсселде “Демократиялык Кыргызстан” аттуу фотокєргєзмєнї ачты – цивилизациялык єлкєнїн белгиси болгон эл бийлиги кєрсєтїлгєндєй болду. Негизинен ал Европага єзїнї амбицияларын кєргєздї, анын идеялары бир кезде Аскар Акаев кєтєргєн “демократиянын аралы” аттуу ойдун негизинде тїзїлгєн. Чындыгында бул президентибиздин негизги “инвестициялык идеясы” болду: Европа Кыргызстанга финансылык жардам кєрсєтєт, ал эми мамлекет болсо коррупция менен, ал гана эмес Атамбаевдин єз туугандарына чейин кїрєшєт, жана Орто Азиянын чок ортосунда демократиянын аралын курат- Казактан, Єзбекистан жана башкаларга теў салмак катары. Бул Меркельге таасир калтырды, бир гана ага кана эмес. Атамбаевдин экинчи маанилїї маектеши Франциянын прези-

денти Француа Олланд болду – Европадагы экинчи орундагы атка минээр. Елисей сарайынын ээси коррупцияга каршы кїрєштї колдоду бирок эў башкысы- Кыргызстандын Евроазиялак экономикалык биримдикке кирїїсї. Кыргызстан менен Европаны байланыштырып турган транспорттук коридорлор Россия жана Казакстан аркылуу єтєт деп белгиледи Атмабаев. Россия менен Бажы союзунун койнунан сууруп Европа єзїн карай тартып жаткан Украинага караганда, Кыргызстандын жакын коўшулары менен биригїїгє баруусу эў туура чечим болот деген оюн билдиришти европалыктар. Башкача айтканда Атамбаев Кыргызстандын Евроазиялык биримдикке кошулууга Европанын батасын алды десек болот, бирок ошол эле учурда Европа менен эки тараптуу пайдалуу карым катнашын да їзбєй турган болду. Єз иш сапарында Атамбаев Крым маселесин айлакерлик менен кайгып єтїп, ал гана эмес Европаны демократиялык баалуулуктарды колдоодо кош стандарттарды колдонуп жаткандыгы їчїн сындаганга да жетишти – Украинага миллиарддаган жардам кєрсєтїлїп жатат, ал эми Кыргызстанга єз учурунда суралган 15 миллион евро да берилген эмес. Европанын борборлору єз учурунда Акаевдин жана Бакиевдин учурунда мыйзамсыз чыгарылып кеткен акча каражаттарын изилдеп, аларга камоо салганга да жардам берген жок. Жыйынтык - Кыргызстанга президент финансылык жардам кєрсєтїїгє макулдук берген келишимдер менен кайтты.

ЕВРОПА- ЄТКЄН ЗАМАН. КЫТАЙ- КЕЛЕЧЕК Албетте биз баарыбыз эле кєптї каалайбыз. Европанын жардамы эмес теў кызматташтыгы керек. Крым маселелери боюнча сен єзсїўбї єгєйсїўбї деген суроолорду эмес, бул геополитикалык чырларды чечїїдєгї чыныгы ортомчулук керек. Евробиримдиктеги тышкы саясий озуйпасын Атамбаев “мыкты” аткарды демократиянын кыргызча варианты тууралуу айтып берди, саясий жана финансылык колдоого ээ болду, Украинадагы геополитикалык чыр чатактын капканына тушукпай єттї. Бирок! Атлантикалык океандан Тынч океанга чейин созулган Чоў Европа аталыштагы мындан 25 жыл мурун сунушталган долбоор 2014 жылы кыйроого дуушар болду. Украинадагы окуялар жана АКШ менен Евробиримдиктин санкцияларынан кийнки Россиянын батыштан чыгышты Кытайды кєздєй бурулуусу бул долбоорду акырына чейин кыйратты. Чоў Европа идеясынын ордун бїгїн жалпы Евроазиялык їй идеясы алмаштырды (Назарбаевтин идеясы) Кыргызстанга бул идея эў эле сонун жарашат анткени биз евроазиялыкпыз, европеец эмеспиз. Андыктан Атамбаев єз сєзїндє дипломаттык менен єз доорун сїрїп бїткєн Европа менен биригїї жана демократиялык баалуулуктарын колдонуу ойлорун колдонду. Чындап ойлоно келгенде “демократиянын аралы” болуу єлкєгє экономикалык єсїштїн жана бакубатчылыктын кепили болуп бере албайт. Евроазиялык долбоор деген бїгїнкї кїндє эмнени тїшїндїрєт? Бул Кытайдан Европага чейин созулган экономикалык єнїгїїнїн аймагы, бул долбоордо негизги ролду Пекин ойнойт, ал эми улуу Жибек Жолунун жээктеринде жайгашкан єлкєлєр экономикалык єнїгїїгє кїчтїї тїрткї

алышат. 2013 жылы бул ойду Кытайдын компартиясынын тєрагасы Си Зиньпинь жарыя кылган. Император НаполендунКытай жєнїндє “уктап жаткан арыстан” атаган сєзїн келтирип жатып Зиньпинь Парижде “арыстан ойгонду” деп жар салды. Кытай єзїнїн жаўы Жибек Жолун ишке ашырууга 500 миллиард доллар салуу ою бар экендигин тастыктады. Ошол эле учурда Кыйтайды долбоорго катышып жаткан єлкєлєрдїн саясий тїзїмї, Украина жана Крымга окшогон жергиликтїї талаш тартыштарга кєз караштары жана карманган принциптери жана баалуулуктары эч кызыктырбайт. Кытайдын кадамы бул жєн гана экономикалык кызыкчылык жана мындай эбегейсиз зор долбоорду берешендик менен каржылоого даярдык. Ага салыштырганда Европанын жардамы микрокаржылоо окшоп калат, анын їстїнє сенин “котурдугуўду” да текшерип коюшат. Биз шарттуу тїрдє биринчи баскычты єтїп ЕАЭБ ке киргенибиз тїшїнїктїї болду, бирок мындан ары биз Биримдиктин Кытай менен жакындашуусуна коридор болуп берїїбїз зарыл. Пекин заманбап транспорттук коридор куруп, Евразиянын эки эў чоў экономикалык борбору болуп эсептелген Кытай менен Европанын ортосундагы товарлардын айлануусун кєбєйтїїнї каалоодо. Мындан тїшкєн каражатты баардык шериктеш єлкєлєргє теў бєлїї сунушталууда, анын ичинде Кыргызстанга да, албетте биз єз мїмкїнчїлїгїбїздї Казахстанга алдырып жибербесек. Бул максатта Кытай атайын 2014 жылы тїзїлїп, уставдык капиталы 100 миллиард долларга барабар болгон Азиялык инфраструктураларды инвестициялоо банкынан каражат бєлдїрєт. Россия бул уюмдун капиталына жана башкаруу органына кирїї їчїн сїйлєшїїлєрдї жїргїзїїдє, белгилей кетсек бул орган Дїйнєлїк банкка конкурент жана Эл аралык валюталык фондко альтернатива болот деп айтылууда. 2009 жылы президенттикке ат салышып жатып так ушундай институтту Кыргызстанда тїзїї керектиги тууралуу айтканым эске тїшєт, ал кезде албетте башка учур болчу, ойлор абада каалгып журєрї чын окшойт... Учурда Кытай єзїнїн пландары жана финансылык мїмкїнчїлїктєрї менен Евразиядагы алдыўкы мамлекет болуп турат. Андыктан Кыргызстандын бийликтери жаўылыктын баары Берлин, Париж, Лондон жана Брюсселде гана жаралат деген эски нуктагы ойлорду артка таштоосу зарыл. Бул таптакыр андай эмес. Учурда жаўылыктын баары Пекин, Шанхай, Гонконг жана кєптєгєн башка шаарларда жаралууда, бул шаарларды биздин кээ бир айлакер, аракетчил мекендештерибиз Европанын борборлоруна караганда мыкты билишет, анткени Европадан айырмаланып биздин Кытай менен жалпы чек арабыз жана товар жїгїртїїбїз бар. Менин кєптєгєн мекендештерим сыяктуу эле, мен дагы Атамбаев Си Цзиньпинге качан иш сапар менен барат деп чыдамсыздык менен кїтїїдємїн. Анткени биз єзїбїздїн кыргыздын арыстанынак илбирсин ойготобуз десек Кытайды кєздєй бурулуп тыгыз кызматташыбыз керек. “Эски Европадан” Кыргызстанга жаўылануунун илеби согуп турган жок. Ал эми Евроазиялык Биримдик жана Кытай бул башка кеп. Андан кийн Индия деле алыс эмес. Акмат РААТКАН

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл


6

МАЕК ТЄР

Алга КЫЛЫЧЕВ, апрель баатыры:

“ЭЛ КОЛДОБОГОН БАШЧЫНЫ БИЙЛИКТЕН КУЛАТУУ РЕВОЛЮЦИЯ БОЛУП АЙТЫЛАТ” Бакиевдин бийлиги кулатылган болчу. Бакиев качып кичи мекенине барганда да эл чыныгы каалоосу менен коргогон жок, аны башка областтарга барса да эч ким колдомок эмес, себеби эл андан ушунчалык тажаган болчу. Демек, эл колдобогон башчыны бийликтен кулатуу революция болуп айтылат.

- 7-апрель революциясынын болуп єткєнїнє туура 5 жылдын жїзї болуп турат. Бирок бїгїнкї кїнгє чейин «бул кїнї куралдуу тєўкєрїш болгон, эч кандай революция болгон эмес» деген пикирлерин кыйытып айтып келгендер да кездешет. Сиздин оюўузча бул кїнї эмне болду эле? - 7-апрелди революция эмес деп айтып жаткандар, булар сырткы кїчтєрдї колдоп, Кыргызстанга чыккынчылык кылып жаткандардын саясаты деп тїшїнєм. Тєўкєрїш бул аз сандагы элдердин бийликти тартып алгандыгы тєўкєрїш болуп эсептелет. Апрель окуясында саналуу эмес, аябай кєп кишилердин катышуусу менен Канкор

- Апрель революциясында карапайым элибиз алдыларына кандайдыр б и р ма кса т т ы коюп алып чыгышкан эмеспи? Ошол максаттар ишке ашып атат деп эсептейсизби? - Апрель окуясында элдин да ошол кездеги оппозициянын да салымы бирдей десек болот. Бирок, негизги кїч эл тарабынан болду. Ошондуктан кєп жаш эр азаматтарыбыз курман болуп кетишти. Мисалы: Медет Садыркуловдун жана башка бир топ саясатчылардын бийлик тарабынан жок кылынышы, ошол кездеги оппозицияны курчутууга алып келген. Канткен менен баарын жасаган эл, эл єзї толкуп кєкїрєгї ташып аянтка басып келди, аны биз бир канчасы курман болсо ок чыгарылса да артка чегинбегенин далил деп айта алабыз.

БАЯГЫ ЭЛЕ «БИЙЛИКТИ АЛЫШ КЕРЕК» ДЕГЕН АЎ-СЕЗИМИНЕН АРЫЛА АЛБАГАН К. КАДЫРОВ БОКтун (Бириккен оппозициялык кыймыл) жаўы «кагаз ташыгычы» Кубанычбек Кадыров маалымат булактарынын бирине маек куруп, “Апрель революциясы максатына жеткен жок, уурдалды” деген пикирин билдириптир. Анын ою боюнча азыркы тапта бардыгы кымбаттап, ал эми айлык акы, пенсия деген нерселер ошол эле боюнча турат экен. Жалган айтканда дагы эби менен айта билгенди Кубанычбек мырза таптакыр окшоштура албайт окшойт. Эгерде коомдо болуп жаткан єзгєрїїлєрдєн, акыркы маалыматтардан кабары бар адам болгондо мындай пикирди айтмак эмес. Биринчиден, 2010-жылдан бери карай мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин, дарыгерлердин айлык акылары 2-3 эсеге кєтєрїлгєнїн жамы журт жакшы билет. Ал эми Кубанычбек мырза айтып аткан светтин кымбатташы бул энергетикалык кризистен улам келип чыккандыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Ошол эле убакта жалпы калктын басымдуу бєлїгї їчїн мурдагыдай эле 70 тыйындык тариф сакталып калганын да унутпоо зарыл. Ал эми 2010-жылы апрелде карапайым элибиз негизинен їй-бїлєлїк ав-

торитардык режимге каршы чыгышкан. Бир ууч топтун жалпы элдин кызыкчылыгын, мамлекеттин кызыкчылыгын тебелєєсїнє каршы чыгышкан. Азыркы тапта андай кєрїнїш жок экендигин Кадыров деле жакшы билсе керек. Биз парламенттик башкарууга єттїк. Мына ушунун єзї апрель революциясы кандайдыр бир деўгээлде єз максаттарын жїзєгє ашырып атканын кєрсєтєт. Жеке єзї бийликтен, кызматтан куру жалак калганына ичи ачышып, жалпы элдин атынан сїйлєп атканына жол болсун дейли. Интеллектуалдык деўгээли ээрден жапыс экенин анын айланасында жїргєндєр деле айтып келишет. Тактап айтканда жаш саясатчы Адиль Турдукулов анын БОКту ийгиликтїї жетектеп кетерине кєзї жетпесин маалымат булактарынын бирине билдирди. Єз чєйрєсїндє баркы жок Кадыров кантип жалпы элден барк табам деп атканына тан берсек гана болот.

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл

Роза ОТУНБАЕВА:

«САБЫРДУУ, РАЦИОНАЛДУУ ЖАШАШЫБЫЗ КЕРЕК» Кыргызстандын мурдакы президенти Роза Отунбаева апрель революциясы аталган окуялардын беш жылдыгынын алдында Би-Би-Сиге маек куруп, кыргыз коомун єткєн окуяларды дїйнє менен салыштырып карап, цивилизацияга жарашкан эл катары рационалдуу болууга чакырды.

- Кыргыз эли акыйкат коомду курууну максат кылып, эки революцияны баштан єткєрїп жиберди. Бїгїнкї коомдук-саясий абалды карап туруп, революция кєздєгєн максаттар ушундай эле деп айта аласызбы? - Єткєн єттї, кеткен кетти. Аны кандай десеўер, ошондой деп сындай бергиле. Бирок карап кєргїлє, салыштыргыла. Туниспи, Ливиябы, Сириябы, ал жактагы окуялардын аягы эмне болгонун кєрїп атабыз. Украинаны алгыла, беш минден ашык адам єлдї, жїз миўден ашык адам мобилизация болуп, армияга чакырылды. Ошон їчїн сабырдуулук кылып, цивилизацияга жарашкан эл катары рационалдуу болуп жашашыбыз керек. Революция сєзсїз болду. Адамдардын ички ою, мїдєєсї ошондой болду. Бирок ички объективдїї дагы шарттар болушу керек экен да. Бир заматта эле баарын єзгєртє албайбыз да. Бирок мен бир кылым иштеш керек деп аткан жокмун. Бїгїн парламенттик башкаруу эмнени берип жатат бизге? Парламент - бул чек коюу, баланс. Парламент аткаруу бийлигин текшерип кєзємєлдєп жатат. Аткаруу бийлиги колунан келген ишти аткарып атат. Анын колунан келбеген ишти президент єзї жасашка аргасыз болууда. Мына бїгїн айтып атышат, баягы эле президенттик башкарууга кайра єтїп кетип атабыз деп. Президент, эмне карап отуруш керекпи экономика такыр жок болуп кеткичекти? Бийликтин їч бутагынын ортосундагы чекти, балансты катуу кармаш керек экен. Эч кандай жылчык калбашы керек экен. Бирок бийлик биринен-бирине тартылып турат экен да. Парламент жасабаган ишти аткаруу бийлиги жасайт экен. Аткаруу бийлиги жасабаса, элдин кызыкчылыгы їчїн їчїнчї бийлик бутагы жасайт экен. Биз азыр мунун баарын їйрєнїп жатабыз. Тарыхта беш жыл деген мєєнєт эмне? Абдан аз убакыт. Бакиевдер эмне кылышты беш жыл ичинде, чєнтєктєрїнє гана салып, алкымына гана тыгып жатышты.

- Кыргызстан азыр жакшы їмїт менен Бажы биримдигине, Евразия экономикалык биримдигине кирип жатат. Ошол эле учурда бул интеграциялык процесс эгемендиктен баш тартуу дегендикке жатат деп элдин бир бєлїгї каршы чыгууда. Ушул каршылык кїчєп кетпесин їчїн бийлик кандай чара кєрїш керек? - Мына мен жаўы эле Европалык Союздун єкїлдєрї менен жолугушууларга барып келатам. Абдан чоў деўгээлдеги адамдар менен да жолуктум. Европадагы єлкєлєр биримдикке кирип жатканда єздєрїнїн суверенитетин берип эле коюшпадыбы. Кєп маселелерди єздєрї чече албайт. Эч ким нааразы болбой эле баары Европалык Союздун алкагында иштеп жатышат. Кеп єзїбїздїн элибиздин экономикалык турмуш деўгээлин кєтєрїштє болуп жатпайбы. Бая кїнї бир ишкер айтып калды, ушул кийизден тапичке тиккенден башка Кыргызстан дагы эмне чыгара алат деп. Биз ушул жєнїндє ойлонушубуз керек. Биз кийиз менен шырдактарды эле жасай турган єлкє болуп кала беребизби. Биз єндїрїшкє єтїшїбїз керек. Мына биз элди демократияга кєндїргєн менен бир да кенди иштете албай отурабыз. Таласта Жерїй кенин тийбегиле деп жатышат. Ушинтип эле мал багып жан сактап жїрє беребиз деп. Андай болсо Кыргызстанда эч качан єндїрїш єнїкпєйт. Казакстанда экологиялык маселе жокпу? Бар, толуп жатат. Бирок алардын эли мамлекет єндїрїш менен єнїгє аларын тїшїнїп жатат. Айтор, Евразия экономикалык союзуна кошулганды мен туура деп табам. Ага оппозиция болуп каршы чыгып жаткандар бар. Алар єздєрїнїн

коркунучун айтып жатышат, балким анын да жїйєєсї бар.

- 2010-жылдакы революциядан кєп єтпєй єлкєнїн тїштїгїндє улут аралык кандуу тополоў чыгып кетпедиби. Эл аралык жана жергиликтїї эксперттер алдын ала эскертїїлєр болгонуна карабастан єз учурунда чара кєрїлбєй калды деп айтып келатышат. Азыркы кїндїн дурбїсїнєн караганда ошол учурда тополоў окуялардын алдын алууга чара кєрїїгє мїмкїн беле? - Бул оўой суроо эмес. Ар кандай ойлор, пикирлер айтылып жатат. Тєрт тарабызда теў болуп жатты ошондо ар кандай жїрїштєр, окуялар. Мына жаныбызда Тїлеевдин кишилери Ак їйдїн алдын келип демонстрация жасап атышты. Таласта єзїнчє, Нарында єзїнчє окуялар болду. Ошто генерал Исаковдун колунда мандаты толук бар болчу. Кандай чара кєрсє, ошол кишинин колунда болчу баары. Апрель, май - эки ай да болгон жок революциядан кийин, жанагындай тополоў чыгып кетти. Балким, кандайдыр бир алдын алуу чараларын ошол жерде кабыл алса болот эле. Бирок эки элдин ортосундагы карама-каршылык да єтє кїчтїї болуп турган кез экен. Муну тынчытып басканга кїч да жок болчу. Кагышылууларды басып, касташкан элди эки жакка ажыратканга резина таяктар, кєз бууган газ каражаттары да, эчтекебиз жок болчу. Чынында мындай иштерде биздин тажрыйбабыз да жок экен, кєрсє. Бул капыстан болчу табигый кырсыкка барабар болду да. Анын баарына биздин кїчїбїз жеткен жок. Би-Би-Си


7

УЛУТТУК СУУСУНДУК

Токтомушов Абдрасул (1912–1995) - акын

ТОМОЛОЙ ЖЕТИМ АКЫН Улуу муундагы кыргыз жазуучуларынын кєпчїлїгїнє мїнєздїї ємїр жолун Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушев да басып єткєн. Жаштайынан томолой жетим калып, дунган байларында малай болуп жїргєн. Кайыр тилеген, кєрбєгєнї кор болгон Абдрасул Токтомушев Кемин районундагы Тєрт-Кїл айылында туулган. 1928 – 1931жж. Ташкент шаарындагы Орто Азия суу чарба техни-кумунда окуп, 1952-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бїтїргєн. А.Токтомушев 1932 – 1941жж. Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин Лейлек районунун «Колхоз турмушу», республикалык «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттеринде адабий кызматкер, жооптуу катчы, бєлїм башчы, 1953 – 1957-жж. «Ала-Тоо», «Чалкан» журналдарынын редакцияларында бєлїм башчы болгон. Чыгармачылык жолу 1930-жылы башталып, 30-жылдары жазылган ырлары «Балбандар» деген ат менен 1936-жылы жыйнак болуп чыгып, «Какшаалдан кат» поэмасы 1958-жылы орус тилинде басылып чыккан. Акындын балдарга арналган «Хан жана Жуматай», «Тынчтык їнї», «Достук» ж.б. чыгармалары бар. А.Токтомушев ыр менен жазылган «Алтын Too» аттуу романынын биринчи бєлїгї 1965жылы, экинчи бєлїгї 1968-жылы басылып, 1974-жылы бул чыгарма Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. А.Токтомушев ливан акындарынын ырларын, В.Дальдын жомокторун, Гильендин ырларын кыргыз тилине которгон. Кєптєгєн жамааттык жыйнактардын котормолоруна катышкан. 1989-жылы «Їркїн» аттуу автобиографиялык романы «Ала-Тоо» журналына басылып, бирок чыгарма аягына чыкпай калган. 1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мїчєсї. 1972-жылдан Кыргыз эл акыны.

СЫЙЛЫКТАРЫ «Эмгек Кызыл Туу», «Элдердин достугу», «Ардак белгиси» ордендери, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги їчїн», В.И.Лениндин туулган кїнїнїн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги їчїн», «Эмгек ветераны» медалдары, Кыргыз ССР ЖКнын Ар-дак грамоталары, ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. Акын 1995-жылы дїйнєдєн кайткан.

ЖАРЫК КЄРГЄН КИТЕПТЕРИ Кыргыз тилинде Балбандар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 65 б. Какшаалдан кат: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас. 1937. – 30 б. Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 58 б. Хан жана Жуматай: Эл жомогунан. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 16 б. Жомоктор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 16 б. Максат: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 87 б. Кїн: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 74 б.

Жаштын тилеги: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас. 1948. – 16 б. Тартуу: Ырлар жыйнагы – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 129 б. Какшаалдан кат: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас 1950. – 72 б. Тынчтык їнї: Ырлар жана поэмалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 40 б. Эмгек жана бакыт: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952.– 115 б. Менин єлкєм: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 278 б. Жакып уулу: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 68 б. Жїрєктє: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 91 б. Ємїр жолу:Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 159 б. Ємїр кєктємї: Тандалмалуу чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 499 б. Кїндєй жарык: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 172 б. Сїйїї жана коркунуч: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 264 б. Байка: Аўгеме. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 15 б. Булар кандай: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 14 б. Алтын тоо:Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 202 б. Арстанбап: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1965. – 16 б. Эркин саптар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 227 б. Алтын тоо: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 130 б. Бала Кычан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1969. – 131 б. Кон, кон, кєпєлєк: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1970. – 12 б. Ак Мєєр: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 263 б. Саяпкер: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1971. – 23 б. Жаш достор: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1972. – 122 б. Калем кайрыгы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 150 б. Тандалган чыгармалар: Бир томдук: Роман, ырлар жана дастандар.–Ф.:Кыргызстан,1973.–559 б. Ойноок жылдыздар: Тандалган ырлар, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 224 б. Акыйкат соўунан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1978. – 18 б. Алтын тоо: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 324 б. Эркетайым: Ырлар жана дастандар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 252 б. Тандалмалар: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 368 б. Бала Кычан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1982. – 92 б. Аргымак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 12 б. Ала-Тоо легендалары: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 56 б. Поэма. – Ф.: Мектеп, 1986. – 28 б. – (текст: кырг., орус.) Китеп окуучуларга эстелик. – Ф., 1954. – 4 б. Арстанбап – Арсланбоп. – Ф.: Мектеп, 1986. – 28 б. Кутманым: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Адабият, 1989.–120 б. Он дастан: Дастандар. – Б.: Адабият, 1991. – 256 б.

КОТОРМОЛОРУ

Ливан акындары. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 46 б. Николае Гильен. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 140 б. Даль В. И. Тїлкї-чокой: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1987. – 13 б.

КАКШААЛДАН КАТ Заманы кїйїп тарылып, Єлгїсї, келип жарылып, Турмуштан кечип Айшакан, Жашынан єлїм сагынып. Асылып жаткан жеринен Эл келип калган жабылып. Сїйлєштї…ишти чечишти… Єч алды кыйнап–жетишти… Айшакан кантсин, боздотуп, Кїч менен алып кетишти. Теўдигин санай кыздардын, Ар дайым кїйїп сыздадым. “Кеч кирди”–дешип шаштырып, Камчылап ылдам бастырып. Чоткара “кїйєє” бараткан, Шаттанып, ачык каткырып. “Мєрєйїм алдым”–дегендей, Ойлобой капа кенедей. Агыны катуу шар аккан, Тєє єркєч болуп бараткан, Суу кечти мурун жол баштап, Чоткара “кїйєє”кашка атчан. Дєгїрсїп жїргєн кєбїўкї, Ал элдин канкор бєрїсї. Кой берип тизгин, чылбырды, Айшакан шарга–ыргыды, Сыдырым соккон коўур жел, Кїїгє салып ыр кылды… Їзїлгєн гїлдєй жаш сулуу, Жай тапты толкун аркылуу… Акканын сууга каныбыз, Кеткенин кубат алыбыз, Какшаалдын калыў кедейин, Туугандар эске алыўыз! Ушундай турмуш шартыбыз, Аныгын айткан жарчыўыз. Тууган эл кош. бол! Эсен бол! Какшаалдык кедей берет кол! Жан дили менен кїтїшєт Жакындашын алыс жол! Арылар бир кїн дартыбыз! Жеўиштїї болсун артыбыз! Кытайдын угуп кабарын, Билсеўер керек авалын?! Япондук жырткыч кол салып, Агызды канын адамдын. Боштондук сїйгєн кєп элдин, Жок кылмак эркин талабын, Ким буга чыдап бермекчи? Баш кєтєрдї эмгекчи. Калыў эл чыкты беттешип, Канкорго каршы кектешип, Алыскы, ички жоо менен, Ажалды, бакты чектешип, Кєп кылым муўга баткан эл Эркиндик кїнїн кєксєшїп, Кїрєшкє чыкты, кїрєшкє, Жетсе экен кїткєн тилекке! Шаттанып шайыр жїрбєгєн, Сумсайып ачык кїлбєгєн Кабагын чытып муўканып Кандары кысып сїйлєгєн, Кыргыздар эми шаттанып, Кыргыздар эми гїлдєгєн, Кыздары окуп кат таанып, Кыргыздар сїйлєйт даўктанып. Ушинтип уктук чын бекен? Чын экен кантип мен жетем. Тамдары кабат салынган, Шаары бир дешет жаўыдан. Ачылган кїндєй жаркырап, Электр шамы жагылган, Кыргыздар кайра тєрєлїп,

Кыргыздар бєтєн жаўырган. Эркектер менен теў болуп, Ал жакта аял кадырман. Жайылды бизге бул кабар, Сїйїнбєй укса ким калар Асылы чексиз жеринин, Алтындын кени табылган. Баатыры кєп дейт элинин, Эмгектен орден тагынган. Кыргыздар кайра жаралып, . Октябрь берген таўынан, Атагы чыгып ааламга, Ай менен кїндєй таанылган. Ушундай кабар угабыз, Кубанып кєўїл бурабыз. Акак таш менен салынган, Тунуке менен жабылган, Мектеп турат заўгырап, Багынан атыр жел бурап. Балдары сонун окуган, Бир кїнї калбай окуудан. Кыздары бар дейт, эл бийлеп, Єкмєт болуп олтурган. Кандай сонун жаўылык, Гїлдєгєн баары Жаўырып. Кїрєштє баатыр атанган, Кєргєндє дущман жалтанган, Тиктесе жерге киргизип, Кєздєрї сїрдїї, от жанган. Комдонуп жаткан жондогу Арыстан сындуу айбаты. Алышса чалып ыргыткан, Илбирстен кыйын кайраты. Эрдигин аны ким танат? Кеп кылып бул жак таў калат. Чериўди жазып шат кылып, Кїлдїрїп колду чаптырып, Сєзїнєн шекер, бал тамган, Уккандар сїйїп, жактырып. Чечендер чыккан эў сонун, Жаштары кылка бир порум, Мїнєзї шайыр, шамдагай, Кыргыздар сонун болгонун, Кеп кылып бул жак суктанат, Суктанат кєбї, муўканат. Тоо артынан сєгїлгєн, Агарып нуру тєгїлгєн, Таў эсимен чыккан жок. Ат минип жїрсє кайран эл, Дїўгїрєп кеткен кара жер, Шаў эсимен чыккан жок. Сергитип назик кєўїлдї, Кубаттап кїлгєн ємїрдї, Эрке жел соккон кечинде, Кєгїлжїн тартып чалкыган, Акуулар сїзїп калкыган, Ысык-Кєл дайым эсимде. Асмандан типтик атылган, Бытырап жерге чачылган, Ак бермет мєндїр эсимде. Кыялай басып суу алган, Кыналып бели буралган, Ак келбет келин эсимде. Кожогат терип ойногон, Эндикти кєрсє койбогон, Кыздар эстен чыккан жок. Айланып учуп асмандан, Аскалуу тоону аўтарган, Куштар эстен чыккан жок. Аппак кылып кийизден, Жайында калпак кийишкен, Тїр эсимен чыккан жок. Ак чєлмєк оюн баштаган, Келиндер келип баш таўган, Тїн эсимен чыккан жок. Атылып чыккан булактан, Мєлдїгї тунук сымаптан, Суу эсимен чыккан жок. Желдеттер менен атышкан, Бїлїнїп элим качышкан, Чуу эсимен чыккан жок.

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл


8

ЭЛИМ БАРСЫЎБЫ?

“Элим барсыўбы?” кайрымдуулук фондунун тєрагасы Хабиб Арзыкулов:

“Биз азыр батыш єлкєлєрдїн цивилизациясына эмес, канализациясына кирип алдык” - Хабиб мырза, эл менен кайрымдуулук кылгысы келгендердин ортосунда кантип байланыш тїзє алдыўар? - Эл менен байланыш тїзїш їчїн, биз єзгєчє журналисттер менен иштешип жатабыз. Себеби массалык маалымат каражатынын єкїлдєрї биз жана элдин ортосунда жакшы кєпїрє болуп бере алат. Элден алып, кайра элге берип келген эже, агайлардын кызматы чоў жана аларга биз ар дайым ыразычылык билдирип келебиз. Кайрымдуулук тууралуу дал ушул журналисттер маалыматтарды жеткизип турса, кайрымдуулукка муктаж болгон карапайм эл жана колунда бар, кайрымдуулук кылганга шарты бар адамдар байланышат экен. Биз ушуну жакшы тїшїнїп журналист жана ММКалар менен тыгыз байланышып, иштешип турабыз. “Элим барсыўбы?” кайрымдуулук фонду азыркы тапта муктаж їй-бїлєлєлєр, мїмкїнчїлїгї чектелген бир туугандар, кароосуз калган жетим балдар жана кары апа, аталарга басымдуулук менен жардам кылып келет. Ушулардын арасынан 60-70 пайызы медициналык операцияга муктаждуулар, жана аларга биринчи кезекте кайрымдуулук кылууга аракет кылабыз. Себеби ден соолук биринчи байлык да. Ал операциялардын баалары 10 миў доллардан 150 миў долларга чейин болот экен. - Чет єлкєдєн гранд аласыўарбы? - Тыйын табуунун бардык жолдорун караштырып, бардык муктаждууларга жетишкенге аракет кылып келебиз. Бирок тыйынды чет єлкєдєн эмес, єзїбїздїн жергиликтїї элди кайрымдуулук кылууга їгїттєп, кайрымдуулук кылууну їйрєтїїгє аракетибиз бар. Себеби биздин адамдардын арасында да жакшы турган, бай, адамгерчиликтїїлєр бар. Шаарды карасаўар унаа токтотконго орун жок, ушунчалык машине кєп. Чет єлкєдєн тааныштарыбыз келип калганда абдан таў калышат. Бир жолу келген коноктор менен кафеде чай ичип отурсак, терезени карап 5 мїнєт ичинде єткєн “джиптерди” санашыптыр. Жыйырмадан ашыгы єткєндє – “бизде, єнїккєн єлкєбїздє 5 мїнєт ичинде мынча “джип” єтпєйт” – деп таў калышкан. Аларда машинелер кєбїнчє “майда-чїйдє” эле экен. - Сиздин оюўуз боюнча байлар чындыгында кєппї? - Бай адамдар бизде кєп. Кээде алар акчаларын кайда кетирээрин билбей деле калышса керек. Кайрымдуулук кылайын дейт, бирок эл ишеничтен кеткен. Себеби “фонд” деген тїшїнїктї миўдеген фонддор жаман абалга келтирип алган. Азыр фондко берсеў акча аягында кай жака барат билишпейт да. - Сиздин кайрымдуулук фонд элдин ишеничине кантип кире алды? - Биздин кутучаларга чогулган ар бир тыйын муктаж болгон адамдарга жетет деп кепилдик бере алабыз. Кудайга шїгїр биздин колдоочуларыбыз бар. Єзгєчє жаш ишкерлер, бизнесмендер, патриот эжелерибиз, агалары-

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл

быз. Алардын колдоосу менен биздин айлык жана башка муктаждыктарыбыз чечилип турат. Ошондуктан биздин кайрымдуулук кылууга мотивациябыз бар, жана ошол кайрымдуулук менен гана иштєєгє болгон кїч аракетибизди жумшайбыз. - Социалдык кєйгєйлєрдї чечїїгє долбоорлоруўар барбы? - Биз дайыма єлкєбїздєгї социалдык кєйгєйлєрдї чечїїгє багытталган долбоорлордун їстїндє иштеп турабыз. 100 миўден ашкан жетим балдар, 150 миўге чукул майыптар, кары апа, аталар бар жана алардын ар бири жардамга муктаж. Алардын кєбї кыргыздар. Карылар їйїнє кыргыз ата-энесин машине менен алып келип таштап кеткендер кєбєйдї. Бул абдан єкїнїчтїї кєрїнїш. Кыргыз коомчулугунда жетим балдар їйї, карылар їйї деген тїшїнїк да жок эле да! Биз азыр батыш єлкєлєрдїн цивилизациясына эмес, канализациясына кирип алдык. Жакшы кєрїнїштєрдї эмес, эў жаман кєрїнїштєрдї бат кабыл алып жаткандыктан єнїкпєй, артка кетип бара жатабыз. - Кайрымдуулукту кєбїнчє кимдер кылат? - Эў таў калычтуусу ушул момент: байлыгы аз кезинде бере алган, байыса да бєлїшєт. Ал эми байлыгы аз кезинде бере албаган, байыганда такыр бере албайт экен. Дїйнєлїк байкоолордо да эў байлар кайра сараў болушат экен. Кайрымдуулук кылгандардын кєпчїлїгї орто деўгээлде жашаган адамдар. Себеби ал элге жакын, кєйгєй, муктаждыктарды жакыныраактан кєрєгєн жана акыбалды жакшыраак тїшїнєт. Бай адамдар андай чєйрєгє такыр аралашпайт да, ойлонгусу да келбейт. Болгон сайын дагы болсун деп калышат окшойт. Биз бул ишке кєп жылдан бери аралашкан їчїн билип калдык. Кээде жардам сурап келген байларды кєрїп алып таў каласыў. Короосунда машинеси бар, їйї кенен, мал-жаны турса да дагы берчи деп сурашат. Ошондуктан биз жалпы калкка – берїїнї дагы їйрєнсє дейбиз. - Кайрымдуулук фонд иштетїї сиздин ойго кайдан келип чыкты? - Айтып єткєндєй бай адамдар жана карапайым, муктаж болгон адамдар бири бири менен кесилишпейт, катышышпайт. Ошондуктан ортодо кєпїрєнїн функциясын аткарууну керек болгон. Єлкєбїздє бир эмес эки тєўкєрїш болду. Кыйрап талкалоолор сабатсыздыкты дагы жогорулатты. Жакыр, ачка адамга эмне десеў ошону кылууга даяр, себеби жашоо керек, жан керек. Ушуну билип колдонуп кетишкендер аз эмес. Ошондуктан эл ток болсо ууручулук, тоноочулук да азайат эле. Жаман кєрїнїштєрдїн алдын алуу, бул биздин “Элим барсыўбы?” фондубуздун дагы бир функциясы десем болот. Ушундай максаттарыбыз менен алгачкы иш чараларыбыз 2008-жылы башталган. Бардык кєйгєйлєрдї чечип жибердик дегенден алыспыз. Бирок колдон келишинче болгон аракетибизди кылып, бир топ адамдарга жар-

дам бере алдык. Албетте чоў мамлекет чече албаган маселелерди биздин кичинекей фонд чече албайт, бирок ошентип эле калып калбастан, биз ошо маселелерди чечїї жолунда баратабыз. Элдин камын ойлогон тарыхта да эскерилет. Мамлекетти эле кїнєєлєп отура бербеш керек, себеби сїт кандай болсо каймак да ошондой болот эмеспи. “Єлкє бизге эме кылды?” эмес, “Биз єлкєгє эмне кылдык?” – деген сєз ар бир жарандын кєкїрєгїндє болсо эле єнїгєбїз. - Ишмердїїлїгїўєрдїн 6-7 жыл аралыгында кандай єзгєрїїлєр болду? - Кайрымдуулук десе эле мурун тамак-аш берип келгендер кєп. Албетте бул да керек нерсе, бирок экинчи жагынан караганда бул туура эмес экен. Ошондуктан биздин азыркы принциптердин бири тамак-аш берїї эмес, ошол тамак-ашты табуунун жолдорун їйрєтїїгє шарт тїзїїгє жардам берїї. Адамга балыкты эмес, кайырмакты кармоону їйрєтїї керек экенин жакшы тїшїндїк. Себеби даяр тамакка кєнїп алган адам эч качан аракет кылып иштейин, ошол тамакты єзїм табайын дебей калат. Мисалы Африка єлкєлєрїндє бул кєрїнїш катуу бекиген. Европанын волонтерлору келип тамакаш берип кєндїргєн. Бирок, ошол эле Европанын магнаттары Африканын кен байлыктарын тонналап ташып кетип жатышат. Эгерде, тамак-аш эмес, ошол кенди єздєрї иштетїїгє билим беришкенде акыбал тап-такыр башкача болмок. Биздин фонд акысыз ар кандай курстарга окууга жиберип турат. Тамак-аш эмес, билим бергенге кєбїрєєк аракет кылабыз. Бир топ билим берїї борборлору бизге ушул жагынан жакшы жардамын берип турат. Бизге 95 пайыз аялдар кайрылгандыктан, тигїї, тамак жасоо жана башка ушул сыяктуу курстарга бекер жолдомо берип, жардам кылабыз. Бир кесиптин ээси болуп чыкса жакшы да. Азыркы долбоорлорубуз ушунун негизинде жасалып келет. - Ушул багытта кылган жардамыўардын кыскача мисалдары кандай? - Мисалы уй алып беребиз, сїтїн сатып жан багышат. Кийим тигїїчї машине алып берсек, жанакы бекер курстардан кийим тиккенди їйрєнїп, иш менен камсыз болот. Талаа иштерине да жардам берген учурлар болду. Кесип їйрєтїї маанилїї, себеби тамак бер деп эле отура бербей, тамакты єзї тапканга шарт тїзїлєт экен. Єзїбїздїн кєйгєйдї єзїбїз чечпесек, башка бирєє келип чечип бербейт. Беш жїздєй туруктуу демєєрчїбїз болсо, миўден ашык жардамчыларыбыз бар. Ошондуктан кыргыз элим кайрымдуу, мээримдїї эл экенин унутпаса, тыйыны менен болбосо убактысы менен бєлїшїп, ар кандай кайрымдуулук акцияларына жардам кылып, єз салымын кошсо, буйруса єлкєбїздє жашоо деўгээли оўолот деп бекем ишенебиз.

Бектур Баймоўолов


9

АДАЛ ИШТИН АРТЫ - БАКЫТ Мегаком компаниясы эл талабына жооп берип, сапаттуу жана ишенимдїї байланыш кызматтарын кєрсєтїп келет. “Адал иштин арты - бакыт” демекчи, 2014-жылы аткарылган иштеринин жыйынтыгы боюнча да Мегаком бир топ эл їчїн жемиштїї ийгиликтерди жаратыптыр. Апта башында компаниянын кеўсесинде пресс-жыйын болуп, ага Мегакомдун башкы директору Азат Базаркулов катышып жыл жыйынтыгы боюнча жоон топ журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ошондой эле бул кїнї да Мегаком компаниясы келечекте эл керегине жарай турган “Мыкты” тарифинин жїзїн ачты.

Азат БАЗАРКУЛОВ, Мегаком компаниясынын башкы директору:

“Компания 2014-жылы мамлекеттин бюджетине 1,9 млрд сом которду” - Азат мырза, 2014-жылы тїшкєн акча, салыктар жана милдеттїї тєлємдєр туурасында айтып берсеўиз. - Эў негизгиси 2014-жылы Мегаком компаниясы 100 пайыз мамлекеттик болду. Бул абдан жакшы нерсе. Мурда Мегаком мамлекетке 49 пайыздан дивиденд тєлєсє, былтыртан баштап 100 пайыз дивиденд тєлєдї. Андан тышкары їч жылдан бери 51 пайыздан топтолгон дивиденддин акчасын 2 млрд 800 млн сомду былтыр компания бюджетке которду. Быйыл да 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча жїз пайыз мамлекетке тєлєнїп атат. Бул мамлекеттин бюджетине жакшы жардам десек жаўылышпайбыз. Мегаком компаниясынын 2014-жылдагы тїшкєн акчасы 8,6 млрд сомду тїзїп, єсїї деўгээли 2012-жылга салыштырмалуу болжол менен 5,8 пайызды тїздї. 2014-жылы мамлекетибиздин бюджетине тєлєнгєн салык тїрїндєгї жана башка тєлємдєрдїн суммасы 1,9 млрд сомго барабар болсо, єсїї деўгээли 2013-жылга салыштырмалуу болжол менен 3,1 пайызды кєрсєттї. Андыктан 2014-жылы компаниянын жетишкендиктери абдан жакшы болду. - Ал эми Мегаком компаниясынын инфраструктураны єнїктїрїїгє кошкон салымы канчалык? - Жыл ичинде компания базалык станцияларынын санын жогорулатты. 3,75G тармагы республикабыздын 3 миллион адам жашаган калктуу аймагын кучагына алды. Жаўы базалык станциялар республикабыздын бардык 40 районунда тармактын єткєрїї жєндємдїїлїгїн арттырууга єбєлгє болду. Мобилдик байланыштын социалдык функциясына, єлкєбїздїн єнїгїїсїнє кошкон салымына татыктуу баа берген Мегаком республикабыздын калкынын басымдуу бєлїгї отурукташкан алыскы аймактарды телефондоштурууга басым жасай алды. 2014-жылы Мегаком мобилдик оператору абоненттерди сапаттуу байланыш менен камсыздоо, кызматтардын жана опциялардын тїркїмїн кеўейтїї максатында компания «Бишкек-Ош» була-оптикалык байланыш линиясын тєшєє иштерин улантты. Жалал-Абад-Ош тилкесинин 115 километри тєшєлїп єлкєбїздїн телекоммуникация тармагындагы эў алгылыктуу долбоордун 1-этабы аяктады. Бул жалпы пландаштырылган кєлємдїн 30 пайызына барабар. Єзїнїн була-оптикалык байланыш линиясын ишке киргизїї менен 2016-жылы мобилдик оператор абоненттерине маалыматты жогорку ылдамдыкта єткєрїї жєндємдїїлїгїн шарттаган жаўы кызматтарды сунуштайт. 4G LTE сыяктуу жаўы технологиялардын пайдубалы тїптєлдї.

лиард мегабайттан ашык маалымат менен алмашкан. Бул кєрсєткїч 2013-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге єстї. 1 мегабайттын баасы 2013-жылдагыга караганда 44 пайызга тємєндєдї. Трафикти пайдалануу менен бирге эле интернет пайдалануучулардын саны да єсїїдє. Маселен, айына мобилдик интернеттен 1 гигабайттан ашык кєлємдє пайдалангандардын саны (акыркы 2 жылда) 30 эсеге єстї. Мунун бардыгы Мегаком мобилдик интернетинин жеткиликтїї жана сапаттуу экендигинен кабар берет.

рифтик планы абоненттерге ыўгайлуу жана їнємдїї. Абоненттер Мегаком ичинде бири-бирине чалганда бир мїнєттїк сїйлєшїї їчїн 50 тыйын, бир смс жєнєсє 50 тыйын, ошондой эле интернетке кирсе бир мегабайтты 50 тыйынды тїзєт. Ушул їч кызматтын кызмат акысы 50 эле тыйындан болот. Кєптєгєн абоненттер азыркы мезгилде интернет колдонууну каалайт. Ошол себептен мегабайтына50 тыйындан сунуштайбыз. Бул тарифте їч кызмат бир баада. Андыктан “Мыкты” тарифи эл арасында мыкты кызмат кылган тариф болот деген їмїттєбїз.

Мирлан КАРАБУКАЕВ, Мегаком компаниясынын маркетинг департаментинин жетекчиси:

Жылдыз МАМЫТОВА, Мегаком компаниясынын PR жана жарнама департаментинин жетекчиси:

“Былтыр 250 студентти жумушка алдык”

“Компания элге керектїї долбоорлорду демилгелей берет”

- MegaCom сунушталган кошумча кызматтар боюнча єлкєдє алдыўкы уюлдук оператор бойдон калууда. Анын ичинде мобилдик ТВ, “Megogo” кинотеатры, "Билим берїї" акысыз опциясы, Wikipedia жана Codecademy їчїн нєлдїк трафик, “Сен кайдасыў?”, “Жакын адамдар”, “Мобилдик которуу”, “Жакындарыўыздын балансы” жана «Кыска номурларга тыюу салуу» кызматтарын бириктирип, їй-бїлє ичинде ыўгайлуу баарлашууну шарттаган “Їй-бїлєлїк топтомун” єзгєчє белгилеп кетїї зарыл. Былтыр биздин абоненттерди каттоодон єткєрїї їчїн мыйзам кабыл алынгандан кийин 250 жаш студент балдарды жумушка алганбыз. Алардын аракети менен 2015-жылдын март айынын башын алганда тармактагы активдїї абоненттердин жалпы санынан 70 пайызы персонификациядан єткєн. Оператор бул багыттагы активдїї ишмердїїлїгїн улантып келет. Абоненттерди персонификациялоо боюнча мамлекеттик демилге алкагында абоненттер 2015-жылдын 8-августуна чейин оператор менен келишим тїзїїсї зарыл экендигин абоненттерибиздин эсине салабыз. - Мирлан мырза, жаўыдан сунушталып жаткан “Мыкты” тарифи тууралуу да кеп кылсаўыз. - Мегаком компаниясы єзїнїн абоненттери їчїн “Мыкты” абоненттик тарифин сунуштайт. “Мыкты” та-

- Жылдыз айым, Мегаком демилгелеген долбоорлор жєнїндє айтып берсеўиз. - Компания тарабынан демилгеленген долбоорлор їзгїлтїксїз ишке ашырылууда, Мисалы, «Мегаком балдарга», «Ардагерлерге жардам», «Meгаком аллеясы», «МегаФутбол». Ал эми «Мобилдик сабаттуулук сабактары» билим берїї долбоору єзгєчє кичинекей бєбєктєргє жаккан. Байланыш оператордун тапшырыгы боюнча «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» аттуу телекоммуникация жєнїндєгї Кыргызстандагы алгачкы мультфильм тартылган. Мындан тышкары єлкєдєгї спортко колдоо кєрсєтїї алкагында «Мегаком - Олимпиада-2016 Кыргызстан курама командасынын єнєктєшї» коммерциялык эмес жалпы республикалык долбоору старт алды. Долбоордун максаты – жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берїї жана олимпиадалык принциптерди жайылтуу менен єлкє їчїн, эл їчїн жана жеке єзї їчїн сыймыктануу сезимин кїчєтїї. Компаниянын бардык социалдык демилгелери, мобилдик оператордун аймактарга колдоо кєрсєтїї жалпы улуттук масштабдык программасы алкагында ишке ашырылууда. Биздин компания дагы да элге керектїї долбоорлорду демилгелей бермекчи.

Нурлан КУРМАНБАЕВ, Мегаком компаниясынын радиопландоо департаментинин жетекчиси:

“2014-жылы абоненттер 2,5 млрд мегабайттан ашык маалымат менен алмашкан”

- Мегаком филиалдык тїйїнїнїн жана каптоо аймагынын интерактивдїї картасынын жардамы менен абоненттерибиз 2G жана 3G технологияларынын сапаты тууралуу маалымат алып, Фирмалык салондордун же Сатуу жана тейлєє борборлорунун даректери тууралуу биле алышат. Учурда интернет-трафикти пайдалануучулардын саны арбып келет. 2014-жылы Mегаком абоненттери 2,5 мил-

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл


10

БИЛИМ

БАКТЫГУЛОВ Турсунбек Аманбекович Кочкор районундагы Сагындык Ємїрбаев орто мектебинин мїдїрї

ОКУУЧУЛАРЫБЫЗ БАШКА АЙМАКТЫН БАЛДАРЫНАН АРТА КАЛБАЙ БИЛИМ АЛСА ДЕЙБИЗ “Билим алуу кудукту ийне менен каскандай” деген мааниси тереў болгон кыргыз элибиздин жакшы сєзї бар. Анын сыўарындай балдарыбыз билим алыш їчїн аларга биринчи мектеп салып беришибиз керек да. Мына єз балдарына мектеп салып єз окуучулары їчїн кїйгєн мектеп мїдїрї Турсунбек байке бизде конокто.

- Саламатсызбы Турсунбек байке? - Саламатчылык - Мектеп кандай жана кантип салынып калды? - Мектеп 2012-жылы февраль айында ачылышы болуп “ АРИС” уюму аркылуу салынды. Областта 63 айыл єкмєткє сынак жарыялаган, андан биринчи орунду алып республикалык турга катышып 2 орунду камсыз кылганбыз. Немис єнїктїрїї банкынын долборунун дагы айта кетпесек болбойт. Жалпы сметасы єздїк салымды кошкондо он алты жарым миллион сомго бїттї.

- Мектептин ичиндеги эмеректерди толтурууга кимдер кємєктєштї? - Мектептин ичиндеги эмеректерди камсыз кылууда биздин жердешибиз Айгїл Рыскулова 80 000 миў сомго жардамын берди. Райондук билим берїї бєлїмї тарабынан да жардамдар берилди. Мындан тышкары кытай элчилиги тарабынан 15 компьютер, 2 ксерокєчїрмє, 1 телевизор жана 15 парта 30 отургуч, 4 шкаф алып келдик. Биздин мектеп 100 окуучуга ылайыкталган. Азыркы учурда “Бїткїл дїйнєлїк азык-тїлїк” программасы менен иштешип, балдарыбыз ысык тамак ичип жатышат. Сыртка чыкмай жок баардыгы ичинде баардык шарттары менен. Башкысы окуучуларыбыз башка аймактын балдарынан арта калбай билим алса дейбиз. - Мектеп боюнча кандай жетишкендиктер болуп жатат? - Мектеп боюнча жетишкендиктерибиз 2014-жылкы окуу жылында бир окуучубуз республикалык олимпиадага катышып келди. Быйылкы окуу жылында райондон беш окуучубуз байгелїї орунга ээ болуп эки окуучубуз облустук олимпиадага катышып келди.

- Мектептин ичинде окуучулар менен биргелешип кандай иштерди аткарып жатасыўар? - Биз балдар уюму менен бирге кєп иштерди аткарып жатабыз. Мектеп окуучулар арасында мектеп парламентин тїзїп алып, мектеп рекетчилигин жоюу иштерин жїргїзїп жакшы жыйынтык чыгара алдык. Билим деўгээлдерин кєтєрїп ар дайым биринчи болууга иштеп атабыз. - Окуучу балдардын ден-соолуктарына кандай кєўїл бурулууда? - Республика боюнча кызамык оорусу жайылып жатканына байланыштуу биз дарыгерлер менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Медайымдар келип кїнїгє эртеў мененкисин окуучу балдарыбыздын ден соолугуна кєўїл буруп турушат. Мындан тышкары биз балдарга ысык тамак берип жатканыбызга байланыштуу санэпидстанциядан келип такай кєзємєлгє алып турушат.

- Окуучуларга берилген тамактын акчасы жана кандай тамактар берилет? - Окуучу балдарга каша, шорпо. Мисалы: бїгїн балдар эт менен кїрїч шорпо ичишти. Булочкасын биз мектептен жасатабыз, унун “Бїткїл дїйнєлїк азык –тїлїк” программасы аркылуу ар бир балага 60 граммдан ун бекер берилет. Калган 10 сом республикалык бюджеттен бєлїнєт, ата-энелер болсо айына бир балга 100 сомдон жардам иретинде берип турушат. - Окуучуларыўызга болгон каалоо тилегиўиз? - Окуучуларыма кааларым аманчылыкта болуп, билимдин тїбїнє жетсин. Кыргыз мамлекетибиздин єнїгїшїнє єз салымдарын кошуп, биз сыймыктана турган уул-кыздардан болсун демекчимин. Рахатбек РЫСАЛИЕВ

ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ – КЕЛЕЧЕКТИН БАШАТЫ Єлкєнїн келечегин тїптєє бала бакчадан башталышы керектигин негедир кєўїл сыртында калтырып келаткандайбыз. Жер-жерлердеги иштеп жаткан бала бакчалардын баары эле талаптагыдай болуп кеткен дегендин єзї натура. Албетте, кайсыл жерде камкордук кєрїлгєн болсо ошол жерде жїргїзїлгєн тарбиялык жааттагы багыттар жылуу пикир жаратары калетсиз. Єз ишине жоопкерчилик менен карагандардын катарына милдетине астейдил мамиле жасагандар кирерин да айта кетели. Учурда миўдеген келечектин ээлери болгон балдар мээримдїї тарбиячылардын камкордугунда. Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Кєл шаарындагы №3- “Келечек” балдар бакчасы жыл єткєн сайын ондогон бєбєктєрдї тарбиялап мектепке кадам таштатууда. Бакчадан тарбия алган балдарды окутуу оўой болоорун мугалимдер да моюнга алууда. Башка балдарга салыштырмалуу бакчадан келген балдар тамганы окуганы, санакты билгени, бирдемкеге кабылдоосу тездиги менен

єзгєчєлєнєєрї байкалды. Гїлмира Сарбалаева жетекчилик кылган бул бакчада да буга катуу кєзємєл жїргїзїлєт. Ант-

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл

кени ата-энелердин ишенимин жаратуу оўой эмес. Эгерде балдарынын зиректигин, ой жїгїртїїсїн учурга шайкеш калыптандыра албаса сєз жок бала бакчанын жамаатына сєз тиет. Ошондуктан бул жерден нанын таап жеген тарбиячылар биринчи кезектеги милдети катары баланын аў-сезимин кєтєрїїгє камкордук кєрїшєт. Бул туура багыт. Алгачкы жолу 1998-жылы бала бакча уюшулганда болгону 32 бала бар болчу. Улам кеўейип отуруп балдардын саны 220га жетти. Анткени балдардын тєрєлїїсї убакыт єткєн сайын єскєнї да ырас. Дале болсо бала бакча жетишпейт. Ошентсе да колдон келген мїмкїнчїлїгїн бакчанын жамаатындагы тарбиячылар балдардын келечегине арноодо. Эки жогорку окуу жайдын дипломуна ээ болгон бакчанын башчысы Гїлмира Сарбалаева кол алдындагыларга талапты катуу коет. Алардын абалын билип турууга, керек учурда кєтєрмєлєп коюуга кєўїл бєлєт. Анткени жашоонун кєрсєткєн ачуу-таттуу “белектери” кездешпей койбойт. Тирїїлїктє ар кандай окуяларды кездештирип жїрбєйлїбї, же калппы? Эриш-аркак иш жїргїзїїнїн негизинде изги ийгиликтер жаралууда. Арийне мындай кєўїл жаркыткан жетишкендиктердин келишине тарбиячылардын кошкон салымы бараандуу. Маселен жогорку тайпанын (группанын) Гїлмира Шергалиева, Буразия Їсєнбекова, коомдук иштерге активдїї катышкан Зарипа Кожошева, Толгонай Керимбековаларды алдыўкылардын сабына кошууга болот. Андан кийинки тайпадан Нускайым Чокморова, Толгонай Тургунбаева, Гїлсара Ажыбеко-

ва дегендер мактоого арзыйт. Ириде булар баланы алпештеп тарбиялаганы їчїн шаардыктардын сїймєнчїлїгїнє татыктуу болушкан. Демек алар єз кесибин жогору баалашат. Энергетиктердин шаары аталган Кара-Кєлдє бул бала бакчанын дареги илгертен таанылган. Айрыкча балдардын ата-энелери менен тыгыз байланышта иш

жїргїзгєнї жылуу пикирге алынууда. Себеби биргелешип иш алып баруудан эки тарап теў утушка ээ болот. Їйдє баланы ата-эне кєздїн карегиндей караса, бала

бакчада тарбиячылар кєзємєлдїккє алышат. Азыртан баланын келечегине кам кєрїлбєсє ийри єсїп калганда кеч болуп калат. Ал эми балдар єлкєнїн келечеги экендиги айтпасак да тїшїнїктїї. Айтор Гїлмира айым жетектеген “Келечек” бала бакчасынан тарбияланган кєптєгєн балдар мектептерде окуп жатканынан кабардарбыз. Алар єздєрї да, атаэнелери да бакчанын мээрман тарбиячыларына алкышын жаадырышат. Быйыл кїздє да бир нече бала мектептин ак босогосун аттаганы турат. Алардын ордун кайра кийинкилери толуктайт, бошогон орундарга жаўы балдар келет. Ошентип тирїїлїк токтобой улана берет. Турмуш ошонусу менен кызык. Акырында бар болгула келечек ээлерине камкордук кєргєн тарбиячылар, деп сєзїбїздї бїтїргїбїз келип турат. С.ЖОРОЕВ.


11

КЕР КАКШЫК

ЭТЕГИ ЖЫРТЫЛГАН ПАРТИЯНЫН МЇНЇШКЄРЛЄРЇ КАЙДА?

Кезинде ыргыткан ташы мелжеген жерине тийген, бийлигинин кїчї аркылуу даўкы чыккан бул партиялардын атына жамынып не деген атка минерлер жанын багышпады? Анын караанына зар болуп айланчыктап жїргєндєр сансыз эле. Анткени бул партиялардын тизмесине кирїї їчїн жок дегенде Айдардын, Берметтин, кийинчерээк Жаныштын, Максимдин, раматылык Медет Садыркуловдун тилин табыш зарыл болчу. Майда-чїйдє мыкчыгерлер менен сїйлєшкєндєн майнап чыкпасын билген кошоматчылар колдон келсе “кєзїрлєрї” аркылуу ишти бїткєрїїгє жандалбас кылышкан. Єтє ашынган, жутунган эргулдар билермандарды айланчыктап жїрїп, тизесине чєгєлєп соўунда “сыйкырдуу” тизмеге илинчї. Ансыз алардын кызматтык карьерасы бийиктечї эмес. Ошентип даўазалуу “Алга Кыргызстанда” анан “Ак жолдо” илешип жїргєн эргулдар элдин канын тигилер менен бирге кошулуп сорууга катуу киришкен. Бир баракка мєєр койдуруп берїї їчїн жашыл сєлкїбайларга арзыган мамлекеттик чиновниктердин байлыгына байлык кошулуп казаны, чємїчї, жада калса кашыгы да майланышып турган. Кел-кел келип турганда тоону томкорууга ниеттенген буржуйларды токтотууга эч кимдин ошол учурда шаасы жетмек эмес. Кыска мєєнєттїн ичинде ырыскынын эў їстїндєгї каймагын калпып алган шылуундар эл ичиндеги “ак сєєкпїз” деп карапайым адамдарды кумурскадай тепсеп, каалаганын жасоого єттї. Себеби соту да, єкмєт башчысы да “акырлаштарынын” буйругуна моюн сунуп калганы жалган эмес болучу. Акыйкаттын шаты-

сы асманга илинип калгандыктан кєр пенделердин зарлаган їнї угулбай абада камалып турду. Алгачылардын, ак жолчулардын ооматы келип Кыргызстанга ошол кєпєстєр кожоюн болуп калышты. Жыйырма жылда єлкєнї итке мингизип, байлыгын талап-тоноп єз кєйнєктєрїнє єздєрї батпай эўгирешти. Кырдаалдан улам козу карындай болуп пайда болгон партиялардын куйруктары 2010-жылкы апрель тєўкєрїшїнєн кийин бир аз “ногдаунга” тїшкєнї менен тез эле убактылуу бийликтин этегине эрмешип эски зоболосун жоготушпады. Болгону башка аттагы партиялардын тизмесинен алдыўкы орунду ээлешип кайрадан жоор атка кєчїк басышты. Акылын пештеп алганга жетишкен соў тескерисинче бийликке келгендерге акыл їйрєтїп калышканына жакасын кармаган журтчулуктун ээги курсагына тїштї. Укмуштуунун ташбакасы жорго болуп, жеўїїчї катары марадан кєрїндї. Тил эмизгенди куп їйрєнгєн эпчилдер талаада калбайт тура.

Ошол эле Акаевдин, Бакиевдин партияларын жанталашып тїптєгєн эргулдар бул мезгилде парламенттин чоў залында, министрлердин бєлмєсїндє, башка бийлик бутактарынын башында отуруп жигердїї иштеп жатышат. Кыйын бригадабыз дегендердин башына калпак кийгизген куу чирендер єзгєрмє жїздєрїн улам алмаштырып, байуунун амалына єтїштї. Бол-

гону карт кашабаўдын “Жаўы Кыргызстан” деген партиясы чєлкємдєн алыс ыргытылып, шалкыны бошоп турат. Ага карабастан анын айрым сєзїнєн башка эч нерсеси жок мїчєлєрї опурулуп сїйлєп калышат кээде чоочугансып. Чамасы эски журтундагы унутулгус жылдарын эстеп ыйлагылары келип турса керек. Эми боздогон менен балээ жок. Партиянын лидерине баштагыдай бїгїлїп барган караан кєрїнбєйт. Себеби, анын муунжїнї да, куржуну да бошоп турат каўгырап. Кайран гана партиялар, бир кезде сага кимдер гана ашык болбогон? Эми болсо кїлгє чапкан єпкєдєй болуп бозала бойдон турасыў. Башчылары качып-бозуп алыста жїрсє ким кулактан чоюп тургузмак эле? Баягы кїнкарама жигиттериўер болсо башка бир тєбєлдїн кєлєкєсїнє айланган. Кєрсє партия дегениў лидердин дымагына жараша кїїлєнєт экен. Кожоюндун башы шылкыйса куйруктары чычаўдап, туш келди тарапка жорголойт турбайбы? Эми ким, качан “Алга Кыргызстанды”, “Ак жолду” бапестеп кїрєшкє салат? Ошолордун катарына “Жаўы Кыргызстан” аргасыздан кошулуп калабы? Эсил кайран партиялар, андан кєрє бул дїйнєгє жаралбай койсоўор болмок экен. Силерди мындан ары эч ким алпештебейт, тєє бастыга алып келекелеп жїрїп єтїп кетишет. Анткени этегиўер жаман жерден жыртылган. Ага жамачы салып жамасаў да оўутуна келбейт. Аты жакшынакай болгону менен затына булар тєп келбеди. Силерге караганда кээде їлпєттєрдєн “Силерге жаккыбыз келет!”, “Бечелдин їмїтї”, “Єлїк арстандан тирїї мышык артык”, “Їч караан” деген чала жан партиялар артык. Жок дегенде єлкєдє кеўири басып, кээде онтоп жїрїп калышат. Чєнтєгїндє мыдыры жок болсо эмнеге качмак эле? Негизи Кыргызстан уникалдуу єлкє. Кичинекей мамлекетте їч адамдын башы бириксе партия катары эсептелет. Жакында кекечтердин, жижиўдердин партиясы эки жїз партиянын ичине кирсе таў калбагыла. Тийип качмайлар да Минскиге чогулуп єздєрїнїн партиясын Батькага єтїнїч кат жазып каттатканы калды деген кабар тарады. Чамасы улуу мартабалуу акесин бир добуштан такка отургузууну каалайт окшойт. Болсун, антпесе жаш жеўеге єкїмдар теўтуш боло баштады. Карагер жорго минбесе да качыр эшекке мингизип коюу чоў адамгерчилик эмеспи. Баса качыр эшекти эми Минскиден издешсин. Бизден ылайыктуу эшек табылбайт. Анын їстїнє беш жылдан бери чоочуркап калышса керек? Ж.Саламбек.

“КУМТЄРДЇ” УЛУТТАШТЫРСАК ТЕХНИКАНЫ КАЙДАН ТАБАБЫЗ? Акыркы кездери, айрыкча шайлоо жакындаган сайын єлкєдєгї ири алтын єндїргєн “Кумтєр” компаниясын улутташтыруу демилгеси кєтєрїлїїдє. Бирок, адистер аталган кенди улутташтыруу Кыргызстан їчїн кесепети жаман болорун айтып, єлкє эл аралык соттордо миллиарддаган доллар тєлєп калууга аргасыз болорун айтып келет. Бул кєрїнїш улутташтырууда келип чыга турган негизги маселе. Эгер айрым саясатчылардын кебине ишенип кенди тартып алууга барсак Кыргызстанды андан башка да кєйгєйлєр кїтїп турат. Учурда “Кумтєрдє” АКШнын Катерпиллер (Caterpillar Inc.) жана Германиянын Либхерр (Liebherr) компаниясына таандык ири техникалар иштеп жатат. Бул компания-

Муну компаниянын єкїлдєрї да айткан экен. Албетте, аларды деле тїшїнсє болот. Анткени, сєзїндє турбаган, кол койгон келишимин аткарбаган Кыргызстан їчїн кантип иштешсин? Айрым маалыматтарга караганда буга чейин “Кыргызалтын” ишканасынын єкїлдєрї Катерпиллер, Либхерр компанияларына кайрылып жогорудагы ири техникаларды “Макмал” кенине иштетїїнї сунуштаган экен. Ал эми чет элдик компаниялар Кыргызстандын сунушунан сылык баш тарткан дейт. Саясатчылар арасында башаламандык, ар кимиси єз кємєчїнє кїл тартып турган Кыргызстанда кимге ишенерин билбесе керек. Жыйынтыктап айтканда Кыргызстандык жарандар жана шайлоочулар “Кумтєрдї” улутташтыруу же мамлекетке кайтарып алуу кандай кесепеттерге алып келерин билиш зарыл. Жарандар да кооз сєздєргє ишенбей, реалдуу турмушта эмне болуп жатка-

га тиешелїї техникалар канадалык инвесторлордун ишениминин негизинде Кыргызстанга кызмат кылууда. Мисалы, аталган эл аралык мекемелерге тиешелїї бир жїк ташуучу унаа эле 200 тоннага чейин топурак же шагыл ылайыкталган. Мындай унаанын бирєєсї эле кадимки жїк ташуучу КАМАЗдардын 20-30унун кызматын кылат. “Кумтєрдє” иштин ийгиликтїї уланып жатышына мына ушул унаалардын салымы чоў десек жаўылбайбыз. Мисалы, Кыргызстан єзї иштетип жаткан “Макмал” алтын кенин алалы. Ал жакта мындай техникалар колдонулбайт. Аталган кендеги єндїрїштїн аксап жатышы да ушуга байланыштуу экенин айтсак болот. Ал эми эгер “Кумтєрдї” улутташтыра турган болсок жогорудагы АКШ менен Германиянын фирмалары автоматтык тїрдє “Кумтєр” менен кызматташууну токтотот.

нын билип, саясатчылардын популисттик кадамдары єлкєнї кандай кесепеттерге тїртїп жатканын аўдап жїргєн оў. Биз жогоруда “Кумтєрдї” улутташтырууга барсак техника жагынан кандай аксай турганыбыз жєнїндє гана кеп кылдык. Бул жараяндын мындан єткєн кесепеттери толтура. Ошондуктан, ар бирибиз татыктуу жашоого, балдардын жаркын келечегине салым кошолу. Єлкє башчысы Алмазбек Атамбаев Араб єлкєлєрїнє жана Европага чуркап инвестор тартып келїї камында жїрсє айрым популист саясатчылар келген инвесторлорду качыра албай убара. Инвестор жана акча болгон жерде сєзсїз тїрдє єнїгїї болот. Ал эми тартып алуу, рейдерлик, морадёрство сыяктуу кєрїнїштєр мамлекетти артка гана тартат. Ушуну унутпайлы окурман.

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл


12

ЭЛЕСИН ЭСКЕРИП

Жора СУЛАЙМАНОВ, журналист:

“КЕРИМБАЕВДИН ОБОНДОРУ ЭМИ ЖАНДАНА БАШТАЙТ” Äåíå áîéäó ä¿ðê¿ðºòêºí òààìàé îáîíäîðó ìåíåí ºç æ¿ç¿í òàïêàí Àñàíêàëûé Êåðèìáàåâ æîê áîëãîíó ìåíåí àíûí ûðëàðû õèò áîëóï æ¿ðãºí¿ òàëàøñûç. ªòêºíäº áåëãèë¿¿ æóðíàëèñò Æîðà Ñóëàéìàíîâäóí “Àñàêåìäèí æàíäóó ûðëàðû æàøàé áåðåò” äåãåí ìàêàëàñûí îêóï, À.Êåðèìáàåâäè ýñòåãåí êèøè áàð òóðáàéáû äåï, àâòîðó ìåíåí áààðëàøóóíó òóóðà êºðä¿ì. зым деп эсептеп, чиймелеп койдум. Ошондон кийин мага кєптєгєн адамдар туура маселе кєтєрїпсїў дешти.

- Асанкалый агабызга кайрылганыўызга эмне себеп болду? Же мурда тааныштыгыўыз бар беле? - Мезгил деген билинбей єтє берет экен. Асакемдин арабыздан кеткенине он жылдан ашып кетиптир. Тилекке каршы, аны эстеген киши болбоду. Эгерде анын чыгармачылыгынын артынан тїшїп чындап кїйгєн киши болгондо жок дегенде жылына бир жолу республикалык деўгээлде ыр-сынак єткєрїлїп турмак. Же анын мындай баага татыктуу обондору жок беле? Бекеринен анын ырларын Майрам Дїйшекеева, Гїлнур Сатылганова, Нурзат Садыкова аткарган жок да. “Ак булуттар” деген татаал ырды колунан келген таланттуулар дуэт болуп аткарып жїргєнї чындык эмеспи? Эмнеге мен бул обончуга кайрылганымды билгиў келсе, тємєндєгїдєй. Биринчиден, ал экєєбїздїн жердешчилигибиз бар, Кетмен-Тєбє єрєєнїнєнбїз. Экинчиден, замандашы катары анын бейнесин жакшы билем. Эгерде бул жарыктыктан эрте кетпегенде дагы канча жагымдуу обондорду жаратмак. Аттиў анын жїрєк опкоолжуткан талант экенин билип туруп эскерип койгонго жарабадык. Кайдыгерлигибизден ал унутулуп калды. Анан мен кеч болсо да эскерип коюуну жердешчилик пар№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл

- Дегеле бирєє жарым бар бекем анын чыгармачылыгын изилдеген? Кандай болгон кїндє да ал жєнєкєй обончу эмес да? - Мен сїрєтїн таба албай кыйналдым. Дагы жакшы, Жаныбек (Шорпо) тирїї кезинде анын сїрєт альбомунда, илгери бир тїшкєн сїрєтї бар экен. Аны кырк ирет сурамжылап, анан єзїм їйїнє барып миллион сїрєттїн ичинен издеп, колго илештирдим. Билбейм, эгерде їй-бїлєсїнїн ичинен тїшїнгєн бирєєсїнє жолуксам, сїрєтїн алып калаттырмын. Болгону Бєкєнбай Боркеев бир сїрєтї анда бар экенин айтты. Баса, ал Асакем тууралуу китеп жазсамбы деген ойдо жїрїптїр.

- Обончунун єзгєчє касиетинен да айта кетпейсизби? - Анын керемет ырлары эмне їчїн жугумдуу экендигинин сыры мында. Ал дайыма сєздїн гїлдєрї менен алектенди. Какен Алмазбеков, Анатай Ємїрканов, Алыкул Осмон сыяктуу адабияттын дєє-шааларынын ырларына кєўїл салды. Ошон їчїн обон менен ыр саптары шайкеш келип, угармандын кєўїлїнєн тїнєк

тапты. Чыгарма эл ичинде жашабаса, анын ємїрї кыска болот. Эгерде жан дїйнєнї козгоп, мукам кайрыктарына єзїўдєн єзїў кошулуп турсаў ал ырдын жашоосу узун болорун кєрїп жїрбєйлїбї же калппы? Асакемдин обондору да башкалардыкына тїк окшобойт. Негедир улуттук ширин даамды сезип турасыў. Ал єтє кїчтїї агымга туш болду. Рыспай Абдыкадыров, Тїгєлбай Казаков, Мукан Рыскулбеков, Токон Эшпаев, Жолдошбек Мамажанов деген обончуларга атаандаш болуунун єзї не деген керемет талантты талап кылат. Керимбаев кєл їстїндє айдаган кайыгын толкунга алдырбай, жээкке жемиштїї чыгарганына єзїбїз кїбє болдук. “Гїлдєр гїлгє арзуу айтып ачылат”, “Сендей мага”, “Сулууга”, “Кайдасыў?”, “Бактылуу болгум келет махабаттан”, “Муўдашым

Мунар кайдасыў?”, “Ак булуттар”, “Кара-Кєлдїн кыздары” сыяктуу ырлары биздин сїйїктїї ырларыбыздан болуп калганын кантип танабыз. Кыялындагы дагы далай сонун ырлары єзї менен кошо жарык кєрбєй кете бергени абдан єкїнїчтїї. - Кереметтїї обондору менен кыргыз элинин кыйырына таанылган обончунун алты-

мыш беш жылдык мааракесин кантип элестїї белгилесек болот деп ойлойсуз? - Калайык журтка кєўїл кубантарлык бир жаўылыкты айта кеткибиз келип турат. Жакында Асакалый Керимбаев атындагы коомдук фонд Адилет министрлигинен каттоодон єттї. Азыркы кїндє банкта анын эсебин ачуу иштери жїрїп жатат. Буйруса, эки-їч кїндє бул милдетти жїзєгє ашырабыз. Ошондон кийин кєптєн бери кєкїрєктї єйїп жїргєн кєйгєйлєрдї чечїїгє багыт алабыз. Маселен, Токтогул районундагы маданият їйїнє Асанкалый Керимбаевдин аты ыйгарылган. Тилекке каршы, уюшулган музейинин їстїнєн жамгыр жааганда суу тамчылап турат. Муну кїзгє чейин ремонттон єткєрїп, жалпы эле маданият борборун калыбына келтирїї планы алдыбызга коюлду. Ошону менен катар келишимдїї жерге обончунун айкели тургузулмакчы. Арийне, буга чоў каражат керектелет. Єкмєт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев комиссиянын тєрагасы болууга макулдугун берди. Демек, каражатты єкмєт тараптан алууга шарт тїзїлєт деп айтууга негиз бар. Анткени А.Керимбаев кыргыз маданиятына єз чыйырын салган обончулардын бири. Мындан сырткары жер-жерлерде ыр-сынактарын єткєрїїнї колго алабыз. Чынында сєз гїлдєрїнєн терилген касиеттїї обондорду аткаргысы келген таланттуу єнєрпоздор толтура. Ал эмес ушул кїндє да Асакемин ырлары хит болуп аткарылууда. Алтургай жаш аткаруучулар анын ырына ашык болуп, кереметтїї кайрыктарын созуп жатканы єтє кубанычтуу. Колдон келсе, документалдуу кыска метраждуу тасманы тартууну да жолго коебуз. Кыскасын айтканда Керимбаевдин Ала-Тоодой бийик, каухар таштай тунук обондору эми жандана баштайт десек ашыкча болбойт. Ал эми жалпы угармандар кулак тєшєп, кандай жаўылыктар болоруна кызыгып турушсун. Перизат Жумаева


13

ДАСТОРКОН

КЫРГЫЗ АШКАНАСЫ КАЛКАЛООЧУ ТАМАКТАР Калкалоочу тамактар ачкачылыктан куткаруучу же кара курсакты кампайтуучу тамак эле эмес, дене жана руханий башталыштардын симбиозу. Дене башталышы катары бул жерде тамактын єзї жана анын ингредиенттери, ал эми руханий катары– адаттар, салттар жана жалпысынан кыргыздардын маданияты эсепке алынат. Ушул эки фактордун биргелешкен таасири гана илдеттерден укмуштуу айыгууга алып келген, жоокерлерге кїч жана кубат берген, аялдарды жана балдарды оорулардан сактаган. Бул тамак адамга жакшы маанай жана руханий баюу берет.

УМА ЧАЧЫ Бул тамактын аталышы аялдар менен балдардын коргоочусу болгон Умай эненин атынан келип чыккан. Ал атайын балдар їчїн даярдалган. Кєбїнчєсї аны алсыраган, суук жеген балдарга, ошондой эле кандайдыр-бир себептерден улам эмчек эмїїдєн калган балдарга беришкен. Бул тамакты балага берип жатканда энеси: “Бул тамакты сага мен эмес, сенин дартыўды айыктыруучу Умай эне берип жатат, Бул менин колум эмес, бул Умай энеўдин колу ”, - деп баланын ооруган жерин колу менен сылаган, анан чынында эле бир аз убакыттан кийин бала жакшы болуп калган. Ума чачы энелер їчїн абалдан чыгуу болгон. Кєч убагында аны кичине балдарга беришчї. Ума чачыны даярдоо їчїн унду кол менен кїрїчтєн кичирээк єлчємдєгї тоголокчолор кылып ушалашкан. Андан соў ушаланган тоголокчолорду таза кездемеге жайып, камырды бир азга тыныктырышкан. Анан аны казанга салып, сары майга куурушкан. Айрымдар койдун майына куурушат. Адатта койдун майын балага суук тийгенде колдонушат. Кээде эмчектеги балдар їчїн ума чачыны куурушпайт, кайнап жаткан сїткє салышат да 10-15 мїнєт кайнатышат. Эгер кимдир бирєєнє коюудай туюлса, суу кошуп алса болот. Эгер ымыркайга кайсы бир себептерден улам эмчек эмизишпесе, аны сїткє бышырылып, суу менен суюлтулган 9 ума чачы берип тойгузушкан. Мындай ума чачы куурулбай даярдалган, аны балдарга суюк ботко катары беришкен. Курамы: сїт, 0,5 литр сары май 30-50 г туз, кант татымына жараша Умач їчїн: буудай уну 200 г суу 50 г Даярдоо. Кайнап жаткан сїткє умачтарды кошушкан жана 10-15 мїнєт кайнатышкан. Берердин алдында сары май куюшкан Ханазарова Бурул, Баткен областы

МАЙГА КЄЄЛЄНГЄН БУУДАЙ Аксакалдардын айткандарына караганда, ар бир уруу жоокерлерди даярдоону жашыруун сакташкан, мунун ичинде ар бир урууда жоокерлер їчїн тамак-аштын єздїк рецепттери болгон. Баатырларга кїч-кубат берїїчї эў мыкты тамак-аш болуп майга кєєлєнгєн буудай эсептелинген. Бул їчїн буудайды куурушкан, майга кууруп, жоокерлерге беришкен. Мындай тамакты жєн адамдар сиўире алышпайт деп айтышчу. Ошол эзелки кїндєрдєн “майга кєєлєнгєн буудай менен багышкан” деген учкул сєздєр айтылып калган. Курамы: Буудай 700-800 г Сары май 300 г Даярдоо Бул їчїн буудайды куурушкан, андан кийин куурулган буудайды сары майга чалышкан. Баатырларга бул тамакты берїїдєн мурда, аны жылытып беришкен дешет. Сїйїнбаева Кайры, Алай району

YЛБЇРЧЄК Салттуу ашканада акыл менен иштелген, башкача айтканда, сїйлєп туруучу тамак-аштар да болгон. Ал жєнєкєй эмес, адамга аны кєпкє коштоп жїрїїчї намыстуулукту, єзїнє ур- маттоону, жакшы маанай- ды берген тамак болгон. Бул сїйлєєчї тамактын рецептин биз Кытайдын Шаты айылында жашоо- чу кыргыздардан таптык. Ал ата-энесинен алыста жашаган балдарын то- сушканда жасалган. Адатта бул – кызы жана кїйєє баласы, бирок аны менен катар эле жакын достору, ошондой эле жєн гана жакшы кєргєн адамдары да болушу ыктымал. Курамдык бєлїктєрї: койдун жїрєк баштыгы 1 даана майда тууралган эт 250-300 гр куйрук май 50-100 гр туз, калемпир Даярдалышы. Чоў койдун же музоонун жїрєгїн алып, анын сырткы кабыгын єзїнчє сыйрып алышат, анан аны абайлап їйлєп туруп, бир аз кургатышат. Эттен фарш єзїнчє даярдалган. Ага куйрук май кошуп, ченеми менен туз, калемпир-мурчтан салып аралаштырышат. Андан соў бул фарш менен жїрєк баштыгын толтурушат. Yлбїрчєктї жай кїйгєн отко коюп, бир жарым-эки саат кайнатышат. Анан бир аз муздатып, єзїнчє идишке салып, жїрєк тїрїндє ал багышталган адамга сый тамак катары тартышат. Бул жїрєктї алган мейманга їлбїрчєк аны баары жакшы кєрїп, сыйлай турганын, аны менен жїрєктєрї жана ой-санаалары бирге экенин, ага жакшылыктарды жана кубанычтарды кааларын сїйлєп тургандай таасир берет.

ЄЗГЄЧЄ СОРПО Бул тамак Бертик суроо ырымы менен кошо даярдалып берилген. Ингредиенттерине карабастан бул єзгєчє сорпо оорулууга бутуна туруусуна жардам берген, ошондой эле бул тамакты жана бертик суроо ырымы коштогон сєздєрдїн, ырымдын кїчїнє ишенїї жардам берген. Бул їрп-адат бизге ата-бабаларыбыздын алыскы жашоосунан келген. Бертик – арка-белди сыздатып ооруткан бертинип (мертинип) калуудан келип чыккан сєз. Yрп-адат боюнча мындай сыркоонун жакын тууганы їзїн сабы бар бош чємїчтї алат да кошуна боз їйлєрдї кыдырып чыккан. Ал босогого туруп алып, анын ичине кирбестен жана кєрїнбєстєн туруп, їртїктїн капталынан чємїчтї сунган. Боз їйдєгїлєр да эч нерсе жєнїндє сурабастан їйїндє болгон азык-тїлїктєрдїн жакшыларынан – эт, сїт, май ж.б. беришкен. Ошол эле учурда оорулуунун тезинен сакайып кетїїсїнє дуба кылышкан. Мына ушинтип чогултулган азык-тїлїктєрдєн оорулууга єзгєчє сорпо бышырып, аны ысык бойдон бир кїндєє бир нече жолу беришкен. Оорулуу жакшылап тердеши

керек болгон. Туугандарынын сїйїїсїн, камкордугун жана єзїнїн тезирээк айыгып кетїїсї боюнча алардын тилектерин сезїї менен сыркоо тез аранын ичинде бутуна туруп кеткен. Курамы: эт 500-600 г ун 300-400 г акшак же картошка 300400 г суу 2,5-3 л туз татымына жараша Даярдоо: Этти сууга салышат, кайнагандан кийин чий кєбїгїн алышат да отту азайтышат. Бир жарым саат жай кайнагандан кийин акшак же картошка (эгер бар болсо) салышат. Ундан ичке кесме кесилет же ал аз болсо, анда аны сууга чалышат да єзгєчє сорпого кошушат. Єзгєчє сорпону бир гана адамга – сыркоого беришет.

СЇМЄЛЄК Сїмєлєк Нооруз майрамында бардык їмїт-тилектердин аткарылышын кїтїп жана жакшылыктардан їмїттєнїп жатканда бышырылган. Бул тамакты жаштар менен кошо улгайган адамдар да биргелешип даярдашкан. Сїмєлєктї даярдоого тиешеси бар, ал кайнатылып жатканда бир жолу аралаштырган адам да ичинен єз каалоо-тилектерин айтып турган. Ишеним боюнча, ички каалоолордун аткарылышы їчїн сїмєлєктї їч, жети же тогуз жыл катары менен жасоо керек. Так мына ушундайча баласыз їй-бїлєлєр балалуу болууга карата каалоолорун билдиришкен. Ишеним боюнча, сїмєлєктї таратканда ар бир їйгє жыргалчылык келет, ал эми ким аны жесе, бїт жыл бою курсагы ток жїрєт. Сїмєлєктї жазгы кїн менен тїн теўелген кїнгє карата Нооруз майрамына даярдашкан. Ал бул кїнї дасторкондогу башкы тамак болгон. Нооруз – башкача бир, татынакай майрам. Кар туткунунан бошонгон жер гїлдєп баштайт, ал эми суу баарына ємїр берет. Жазды адамдар узак кыш айлары бою кїтїшкєн, андыктан аны менен жолугууга єзгєчє маанай менен даярданышкан. Батма эненин айткандары 13 Сїмєлєктїн даярдалыш рецепти улуу муундан кийинкисине єткєн, энелер кыздарын, кайненелер келиндерин їйрєтїшкєн. Жашы улуу аялдар келиндер арасында тапшырмаларды эртелеп бєлїштїрїшкєн: бири чоў жыгач челекте данды єндїрїп, башкасы калган курамдык бєлїктєрдї даярдашы керек болгон. Эркектердин кимдир бирєєсї отун даярдаган: сїмєлєк їчїн кєп отун талап кылынган. Жаш балдар їчїн сїмєлєк кайнатуу тїнї сырга жана кызыктарга толо, бирок алар таў атканча жїргєнгє чыдабай, тїн ортосу ченде уктап калышчу. Алгач аялдар єнгєн данды сокуга жанчышкан. Бул иш ыр, баяндар, аялдар ортосундагы ички сырларын айтуулар менен коштолгон. Адатта мындай отурууларда кєптєгєн сырлар

ачылган, аялдар єздєрїнїн уруусунун, їйбїлєсїнїн тарыхын баяндап беришкен. Бул баяндар жаш келиндерге же уруудагы жакын арада кїйєєгє чыкканы турган кыздарга багышталган. Ошол эле учурда улгайган курактагы аялдар унду электен єткєрїшїп, єсїмдїк майын чыпкалап, бїт кыш бою койдун карынында сакталган сары майдан эритишкен. Сїмєлєктї даярдоонун чоў тажрыйбасына ээ аялдардын эў улуусу бардык курамдык бєлїктєр: жанчылган єндїрїлгєн дан, ун, туз, май рецепт боюнча даярдалышына кєз салып турган. Калган курамдык бєлєктєрдї каалаганындай кошумчалоого мїмкїн эле, айрымдары бал, таттууларды кошушкан. Сїмєлєктї жасоону таў эрте башташкан. Суюк атала куюлгандан кийин 12 саат єтїшї керек. Идишке єнгєн данды салып, їстїнє суу куюп, узакка аралаштырышат, андан соў суюктукту куюп алышат да, ун чалып (5 кг буудайдын данына 25 кг ун), кєпкє аралаштырышат, мына ушундан кийин аралашма даяр болот. Адатта сїмєлєктї тїн ичинде даярдашат, андыктан сїмєлєктї даярдоого тартылгандын баары очоктун жанында таттуу-паттуулардан жеп, чай ичишет. Эми кайнатып бышыруу башталат. Кызытылган казанга аралашманы куюп, єсїмдїк майын кошумчалашат, атайын сїмєлєккє деп жасалган чоў жыгач кашык менен аралаштырышат. Кайнагандан кийин 12 саат бою бышырышат, арасында жаўгак, мейиз кошулат. Даяр болгонун даамынан билип, отту єчїрїшєт да, єзїнїн буусунда акырына чыксын деп калтырышат, бул їчїн казанды жыгач капкак менен тыгыз жаап, буу чыккан жерлерин калыў кездемеден жасалган ашкана суулуктары менен тыгындап бекитишет. 14 Сїмєлєктї жасап бїтїп, аялдар дуба кылышат, андан соў улуу аялдар їй-їйїнє тарап, ал эми жаштар кєўїл ачып башташат. 12 сааттан кийин аялдардын ичинен улуусу казандын капкагын ачат. Бардыгы сїмєлєктїн їстїн кызыгуу менен карашат, анда тартып койгон сїрєттєй сызыктар пайда болуп баштайт, сызыктардын мїнєзїнє карай алдыдагы жылга тєлгє тартышат. Сїмєлєк Курамдык бєлїктєрї: буудай угуту500 гр ун 2 кг чигит май 1 кг жаўгак 1 кг мейиз 700-800 гр суу 8-10 л Даярдалышы: Угут мурдатан даярдалат. Угутту даярдоо їчїн 3-4 кг буудайды алышат да бир сутка жылуу сууга чылап коюшат, анан суусун тєгїп, буудайды нымдуу чїпєрєк менен орошуп, 3-4 кїнгє жылуу жерге коюп 36 коюшат. Аны кїн сайын нымдап турушат. 4-5 кїндєн кийин, єнїмї 3–4 см жеткенде, аларды эт туурагычтан єткєрєт, їстїнє 3–4 литр суу куюп, аралаштырышат, марли аркылуу чыпкалашат. Анан буга суу куюп, жакшылап аралаштырат жана чыпкадан єткєрїшєт. Угуттун калдыктарын дагы бир жолу эт туурагычтан єткєрїп, суу куюп, сыгышат. Казанга чигит майды кызытып, анан бир аз муздатып, ундан салып, жакшылап аралаштырышат жана даярдалган суюктуктун порциясын куюшат. Отко коюлуп, кайнатылат, ал учурда токтоосуз аралаштырып туруу керек, андан соў, сыгылып алынган суунун калдыгын куюп, жаўгак кошушат. Даяр болгонго чейин улам аралаштырып, жай кїйгєн отко бышырышат. Бышырып бїткєндєн соў сїмєлєктї демделсин деп 10–12 саатка (тїнї бою) калтырышат. Сїмєлєктї таў эрте ачышат. Даяр сїмєлєк коюу жана чоюлчаак болушу керек. «РУРАЛ ДЕВЕЛОПМЕНТ ФАНД» КООМДУК ФОНДУ

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл


14

ДЕН-СООЛУК

Максат ЖАНГАЗИЕВ, жаш акын:

Сен мени сїйчї чындап Кїтїї Чыкпай башым кєп ирет муў, армандан, Чырайы укмуш кыздарга ыр арналган... Кїйїт менен аяктап ал сезимдер, Кїтїп калгам сїйїїнї кыялдардан… Азап менен тосуп кєп таў эченин, Алп дїйнєнї аўдабас жан экемин… Мурда неге сезбегем, эх десеў, ээ, Мени кїтїп жїргєн сен бар экенин… Аруу ырларды билдирген сїйїї кїчїн, Арнайм эми таптаза дилиў їчїн… Кїн колума карматкан кїмїш кызым Кїтєм эми башыбыз биригишин… Жан дїйнємдї калбырлап элек кыла, Жашоодо алган сабагым себеп буга… Бак-сактардан бакытты издей бербей, Баалоо гана чынында керек тура… Сезїї гана бакытты керек тура… Ии, аны жылаўач гана идеяга башын байлаган бабыр десе да болот, ал їчїн бу жалганда идеядан артык эч нерсе жок, ага баш оту менен жинди болуп берилип кеткен. Борбордук Азия чєлкємїндєгїлєрдїн жашоосун иликтєє боюнча келген англис журналист аял анын жалаў теориялардан турган «лекцияларын» угуп отуруп аны «кафедралык чыгаан» деп атаган. Анткени ал єздєрїнїн маалымат каражаттарына материал топтоп жїргєн, анан бирєє муну журналист, философ, айтор, кєптї билет деп коюптур. Ошондон улам ар кандай темадагы кєйгєйлїї масе- лелерди сїйлєшїп калбайбы да, ал кургур «университетти» бїткєнчє шашпайбы. Анын їстїнє Арсен Саманчин атайы англисче сїйлєп, тигини «тилден калтырган». Москвадан їйрєнгєн да. Мына ошондо аз жерден «ака демик» боло жаздаган Лондондон келген журналист аял: - Саманчин мырза, бизде єздєрїнїн ойлорун гана Кудай кєргєн, башкалардыкын баштарына жолотпогон адамдар бар. Алар кафедрада туулуп-єскєндєр. Сиз да ошолордой экенсиз. Жашоо-турмушуўуз - єзїўїздїн гана алдейлеген идеяўыз экен, - деген. - Ыракмат, айтканыўыз аябай жакты. А бирок мен кафедрада эмес, тоодо туулуп, чоўойгом. Сиз билесизби, тоолордо жашоо ар дайыма так, тыкан, баамчыл болууну талап кылат, антпесеўиз мїдїрїлїп кулап кетишиўиз мїмкїн. - Тїшїндїм, сиздин кафедраўыз тоолор экен да? Жаўы ачылыш. - Ал жылмая калды да, анан: - Айлана-тегерегиўер бїт эле тоолор экен. Мына, силердин борбор шаарыўардан да тоолор кєрїнїп турат, кол созсоў эле жеткидей... Карасаўыз, кандай тоо кыркалары!.. - Айтканыўызда калет жок, тоолуу єлкєбїз. Мен туулуп-єскєн жердеги тоолор мындан да бийик, мындан да чоў, аягы кайда экенин билбейсиў. Ошондуктан ал Їзєўгїлєш аталып калган, кєк тиреген чокулар асман їзєўгїсї... - Эў сонун аталган экен, мага ушундай

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл

Сен мени сїйчї чындап... А бирок кир болбосун кыпындай да! Казаттан келген сымал чарчап турам, А сїйїїў кубат берсин ушундайда... Сен мени сїйчї чындап... Ансыз да боздоп кєўїл, ич эзилди. Артыма кайрылайын баш кєтєрїп, Аскадан бой таштатпай ишенимди... Сен мени сїйчї чындап... Жол бербей бузулууга, булганышка! Кєз болуп сїйїїў менин кєєдєнїмє, Кайра келген болоюн бул жарыкка: Сїйєйїн дос, душманды, Сїйєйїн табиятты, сырдашайын! Жар салып махабаттын кудуретин, Жан эргип, кайра баштан ыр жазайын! Чын сїйчї... Мен да сїйєм... Далилдеп сїйїї баркы бийиктигин! Бактылуу кылалбасам булар їчїн, Кайсы анда мырзалыгым, жигиттигим!

Социалдык кыйынчылыктар, їй-бїлєлїк, биртуугандык талаш тартыштарды , коллективдик чыр чатакты жєнгє салат. Тибет медицинасынын ыкмасы менен Ян Инди аныктайт, тамыр аркылуу диагноз коюп, Кыргызстандык бийик тоолорунан жыйналган чєптєрдїн 200 тїрї менен дарылайт. • Карып бараткан беттеги бырыштарды жазат. • Тери оорулары: писариаз, экзема, аллергия, буттагы грибок, чакалай, баштагы дермобайт безекти чернес. • Бронха астма, ангина, кєк жєтєл, туберкулез, ларингит, гаймарит, радикулит, куяў, белдеги грыжа, ич катуу. • Кыз келиндер оорусу: эрозия, мастапатия, истит, миома, фиброма, менструалдык бузулуулар, климакс, лейкопенения, зарасын кармай албагандар. • Прастатит аденома, энурез, геморой, релатизм, колтуктагы колоўсо, буттагы шыбоо, коўурук ж.б. • Гепатит А, Б, С.ўдавление тїшїрєт, кант диабети. • Бєйрєктєгї, табарсыктагы сезгенїїлєр ж.б. у.с. • Нерв илдеттери: эпилепсия, стресс, коркоктук, шизофрения, тырышуу, арак ичкендер, тамеки тарткандар, наркомания. • Шишик (опухоль), рак, эмчектеги метостаза клеткаларынын єсїшїн токтотот.

ЧЫЎГЫЗ АЙТМАТОВ (Сандан санга)

Тоолор кулаганда (КЫЗКАЙЫП)

Роман

ажайып кооздук аябай жагат. Бул тоолорду англисче Стиррап тоолору деп атаса болот. Ооба, сиз айткандай стиррап-stirrup! Бул дагы мага жаўылык. Ушинтип айта берейин, Саманчин мырза, сиз каршы болбостурсуз? - Эў сонун атадыўыз! Муну кыргызча Стиррап-Тоо деп айтса болот. Їзєўгї-Тоо! Бул аталышты биздин эл укса сїйїнїшєт. А мени болсо тоолук эле эмес, кафедрада туулуп-єскєн дедиўиз, буга да макулмун. Кафедрада бїт дїйнєлїк мааниси бар маселелер чечилет эмеспи. - Ошондойбу? Анда мен жаўылган эмес экенмин, туура тїшїнгєнїўїзгє ыракмат. Дили бир менен сїйлєшсєў кєєнїў агарат эмеспи. Мына азыр терезеден кєзгє сайма дїлєй тїндї карап туруп ал ошо чер жазышкан аўгемени эстеди да, анан єзїнє єзї: «Иш ушундай, «кафедрада туулуп-єскєн,

урматтуум». Сен бїгїн жашоонун дагы бир «момпосуюн» жедиў. Татымы таза бал бекен? Тойгондурсуў эми?! Чакчелекей будун-чаў базар турмуш башталганда кафедраў тїккє арзыбай калат. Алар сени эмне кылды? Ошо базардын баш айрыма камчысын їйрїп кууп чы- гышты, мурунуўду бет кылып салабыз деп коркутушту. Деги сен бир нерсе тїшїндїўбї? Ии, сїйїї да ушу базар текчелеринде товар болуп тизилип турат. Сен ушуну азыр билип жатасыўбы? Сенин деген бизнес доорго керегиў жок, зыянкечсиў. Соцреализмиў їчїн дагы бир жолу єз башыў менен кун тєлєйсїў. Ооба, ошентесиў. Чилистен болуп акыл їйрєтєт... Кєрєм сени, «Стирраптын чыгаанынын» дейт, ооба, сен кыйынсыў, кайра куруу жылдарында тууган-уругуў сени менен чын эле сыймыктанышкан, эми алардын да жаагы жап болот. Барар жагыў, басар

• Ички органдагы, денедеги курттарды тїшїрєт. Аскарида, ламбилёз, тумхоланда, кене, демодекс, токсокара, дизбактериоз, митоз ж.б. • Толуп кеткендерди арыктатып жел кабызды чыгарат. • Оорулардын шыпаасын касиеттїї чєптєрдєн тапса болот. Сакайбаган оору жок. Ар кимдин ден соолугу єзїнїн колунда! Ахунбаева кєчєсї №90 (Онкологиялык больницанын жанында, болжол менен Абдрахманв кєчєсї менен кесилишкен жерде). Тел: 0772850673 жолуў, кылар ишиў калдыбы? А жанагыл «Кызкайып» дегениўди балык бол да, тапта- кыр унут! Анын кимге кереги бар? Ойдо жашап жатканда эле базардан чыккан жарыгы жок жылдыздар тебелеп салды. Азыр ошолордун заманы. Муну сен чаарбаштанбай мойнуўа ал, же кєкбеттигиў карматпай жогол. Андыктан эмне кылуу керек?.. Москвада єз санаган кєздєй адамдары бар, ошоякка качып кетсечи? Качкан менен аерде да жарыгы жок жылдыздар толо. Анда кантет? Айтор, кирсе кайра чыгалгыс куркулдайдын уясынын ичинде калган кєрїнєт. Мындан эки жыл мурда энеўдин ким экенин билбей каласыў деп бирєє- жарым ойлоду беле?.. Мейли, атасынын кєрї, агама да, ага дагы коштошуу катын жазам да, анан... Ошентем!» Ал терезенин жанында сыртты карап ушул ойлорго чємїлїп кєпкє турган. Анан эсинде жок, жатары менен тарс уктаптыр. Баарынан да жакшысы, ошол тїнї анын чєнтєк же їй телефонунун безилдебегени болду. Чок баскан тооктой чырылдаса чырылдагандыр, а бирок ал ойгонгон жок. Бирєєлєргє кїнкор эмес, эгемен журналист аталган Арсен Саманчинге ар дайым сєз эркиндиги жїктєлгєн эле, єзїў жонду тоскон соў єз єлїгїў болсо да кєтєрбєскє айла жок. Редакцияга даттануулар дайра болуп агып келчї, айрым маселелерин гезитке жазчу, ошол аркылуу анын єтїнїчїн аткарчу, калганын кайдан, баарын чечип бергидей ал адвокат болбосо... болгону басма сєздїн соко тарткан єгїзї. А басма сєз дегениў бейиштин тєрї эмес, анда єз кызыкчылыгын кєздєп кєзї тїз болгондор да, ит аягы алтын дегендердин эшигинде їргєндєр да, калемдештерин кабанаак канчыктай талагандар да жїнїн жейт. Демейде ошолор тынчтык берчї эмес, а бїгїн болсо анын їйї кєр ичиндей жыпжымжырт. Єлгєн экенмин десе, кадимкидей эле басып жїрєт. Балким, тигилер анын кечээ кїнї эмне болгонун билип алышкандыр?..


СКАНВОРД

15

№ 123 • 10-апрель, 2015-жыл


16

БААТЫРЛАР ЭЛДИН ЭСИНДЕ

«ЭМГЕК» ПАРТИЯСЫНЫН ЖАШТАР КАНАТЫНЫН МЇЧЄЛЄРЇ АПРЕЛЬ БААТЫРЛАРЫН ЭСКЕРИШТИ.

2010-жылдын 7-апрелинде болгон каргашалуу окуяда кан тєгїлїп, кїнєєсї жок эр азаматтарыбыздын курман болушу, кыргыз элинин эсинде тїбєлїккє сакталып калат. “Эмгек” партиясынын Жаштар канатынын мїчєлєрї, борборубуздун жаш активисттери менен бирге Апрель баатырларынын эстелигине таазим кылып, эскеришти. 2015-жылдын 5 – апрелинде болуп єткєн эскерїїгє “Эмгек” партиясынын лидери Салымбеков Аскар Мааткабылович, єзї катышып, сєз сїйлєп, ачып берди. Андан соў, жаштар “Ала-Тоо” аянтына барып баатырлардын эстелигине гїл коюп, куран окутуп, курман болгондор эскерилгенден кийин Кыргызстандын бийлигине жана жалпы жарандарга кайрылуу жолдошту. Бул учурда “Апрель баатырларына таазим” деген жазуу бийик кєтєрїлїп, асманга учурулду. Андан соў “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, апрель баатырларынын мїрзєлєрїнє гїл коюшуп, куран окушту.

«ЭМГЕК» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ЖАШТАР КАНАТЫНЫН 2010-ЖЫЛДЫН 6-7-АПРЕЛЬ КҮНДӨРҮНДӨ БОЛГОН КАНДУУ ОКУЯГА БАЙЛАНЫШТУУ КАЙРЫЛУУСУ 2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон каргашалуу окуя Кыргыз элинин акыйкатты сїйгєн баатыр, тайманбас эл экендигин жана тынчтыктын, биримдиктин канчалык деўгээлде зарыл экендигин таасын белгиледи. Кандуу окуяда акыйкаттык жана жаркын жашоо їчїн єз жанын арнаган мекендештерибиздин элеси тїбєлїк биз менен! Апрель баатырлары (наамын алган) атанган мекендештерибиздин алдында биз жоопкербиз жана милдеттїїбїз. Алардын капилеттен їзїлгєн ємїрлєрї бизге мекенди сїйїїгє жана эл алдында жан дилибиз менен кызмат кылууга дем берген улуу сабак! Биз, «Эмгек» саясий партиясынын жаштары апрель окуясында курман болгондордун мээнети текке кетпесин жана ушундай каргашалуу окуялар кайталанбасын деген улуу тилек менен Кыргызстандын бийлигине жана жалпы кыргыз элине кайрылабыз: - Апрель окуясынын болушуна бийликтин коррупцияланышы, натыйжасыз иштер, реформалар жїргїзїлбєй, куру убадалар менен пландардын кєптїгї башкы себеп болгон. Мындай кєрїнїшкє кайрадан жол бербеш їчїн бийликте турган саясий партияларды биримдикке, социалдык-экономикалык абалды жакшырта турган чечкиндїї реформаларды жасоого, коррупцияга каршы системалуу жана адилет кїрєш жїргїзїїгє жана калыс, адилет саясатты жолго салууга чакырабыз! Єлкєнїн келечеги їчїн бийлик гана жоопкер эмес, саясатка аралашып, ага таасир берип жаткан саясий элита дагы єлкєнїн тынчтыгы жана бакубатчылыгы їчїн жоопкер. Бардык саясий кїчтєрдї мекен їчїн чындап аракет кєрїп, элди бєлїп-жаруудан, жалган маалымат, ушак менен эл арасында башаламандык жаратуудан, элди азапка сала турган тирешїїлєрдєн, сырткы кїчтєрдїн таасирине кирип элди башка жолго буруудан алыс болууга жана мекендин келечеги їчїн ак эмгек менен аракет кылууга чакырабыз! Кандай гана мамлекет болбосун акыркы чечим элдин колунда! Биз муну март жана апрель окуяларында таасын кєрдїк. Ошондуктан мекендештерибизди жалган жалаа, саясий тирешїїлєрдїн куралы болбой, биримдиктин жана жаратман иштердин туткасы болууга чакырабыз! № 123 • 10-апрель, 2015-жыл

Борбору калаабыздын стаматологиясынын бухгалтери

Абдылдаева Бакиса Касымкуловнага каалоо Кїн нуру кїндє тєгїлєт, Кїн бетинен Бакиса ой кєрїнєт. Ал сырдуу данекергоо, Ак иштеген ишине кєєнїм бєлїнєт. Мен Баки.. деп коем єзїмчє, Кызматы таза єзїнчє. Єзгєрїлбєй тїз жїрсєў, Аллам бир берет єзїўє. Кєпчїлїк менен иштейсиў, Кєўїлїн такыр калтырбай. Ар дайым жанып сен жїрсєў, Элиў бир баалайт эмгекти, Шефиў бир баалайт ишиўди. Исабекова Гуланда, Кєк-Жар айылы

УРМАТТУУ ОКУРМАН! "АЙБАТ" гезитине жазылуу жїрїп жатат!

Жазылуу почта кызматын кошкондо:

- 1 айга – 49 сом 50 тыйын - 3 айга – 148 сом 50 тыйын - 6 айга – 297 сом 00 тыйын Жазылуу республиканын, бардык почта бєлїмдєрїндє чектєєсїз жїргїзїлєт.

СЇЙЇКТЇЇ ГЕЗИТИЎИЗГЕ ЖАЗЫЛЫЎЫЗ!

Жазылуу индекси: 68546


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.