Айбат - коомдук-саясий гезити №114

Page 1

www.aibat.kg

КЫРГЫЗСТАНДА ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН КАЙРАДАН КИРГИЗҮҮ КЕРЕКПИ?

5-бет.

№114

6-февраль, 2015 ж. Гезит 2010-жылдын 27-августунан бери басылат Баасы келишим түрдө.

Бишкекте Европа кеңешинин парламенттин ассамблеясынын Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүсүнө каршы митинг өттү

"Калыс" саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов жана башка активисттер "Демократиянын" жугундулары кыргыз элине кереги жок деп Жогорку Кеңештин алдына чыгышты. 11-бет.

Эч жерге "батпаган" Гайпкулов Мырзакматовдун "шестеркасына" 2-бет. айландыбы? Шыкмаматовдун отставкасы - "Ата-Мекен" партиясынын кезектеги "шах-мат" жүрүшүбү? 3-бет.

2014-жылы кылмыш иши козголгон энергокомпаниялардын кызматкерлери (фамилиялар) 4-бет.

2-бет.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРГЕ ИШ САПАРГА ШОПИНГ ҮЧҮН БАРЫШАТ Чет өлкөлөргө жасала турган иш сапарларга башка өлкөлөрдөгү кесиптештери менен натыйжалуу иштеше турган гана депутаттар жөнөтүлүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина парламент отурумунда шейшемби күнү билдирди. «Эгерде иштегилери келбесе, депутаттар достук тобунун курамында баргылары келишет?» деген суроо салды И. Карамушкина кесиптештерине жана анын артынан түшүндүрмө берди. Анын айтуусунда ал Португалия, Ис-

пания жана Франция менен кызматташкан достук тобунун жетекчиси. «Акыркы жолу биз Франциянын элчисин чакырганыбызда аябай уялдым. Себеби топтун 43 мүчөсүнүн ордуна болгону үчөө гана катышты. Бирок качан иш сапарлар белгиленип калса, талаш-тартыштар жана таарынычтар башталат», - деп кошумчалады ал. Депутат Турсунбай Бакир уулу достук тобунун мүчөсү болуп эсептелбеген депутаттар парламенттик делегацияга кошулуп калууга жулунган учурла-

ры болгондугун да белгиледи жана чет мамлекеттерге жасала турган иш сапарларга депутаттардын тизмесин акыйкат бөлүштүрүүнү сунуштады. «Мен өзүм эл аралык комитеттин башчысы болгом жана биз делегацияны акыйкат түзүүгө аракет кылганбыз. Башкача айтканда мурда баралектерди жөнөтүүгө аракет кылчубуз» дейт Турсунбай Бакир уулу. «Андай иш сапарларга туристтик шопинг үчүн эмес, иштегендер барышсын», - деп сунуштады И. Карамушкина.

АКШ Кыргызстанга элчи катары атайын "Революциячыл" жана сексуалдык азчылыкты жактаган элчини жөнөттүбү? 5-бет.

Жигитим сойку кылды... 10-бет.


2

АЙБАТ ПРЕСС Шергазы МАМБЕТОВ, профессор, геолог:

БИШКЕК ШААРЫНЫН КЄЧЄЛЄРЇ 3 ЖЫЛ ИЧИНДЕ 200 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНАТ Борбор шаарыбыздын бир катар жолдорун реконструкциялоо боюнча Кытай єкмєтї менен тїзїлгєн келишимди ратификациялоо жыйынтыкталды. Анын натыйжасында жакынкы їч жылдын ичинде Бишкек шаарынын кєчєлєрї болжол менен 200 миллион долларга оўдолуп-тїзєлєт. Бул туурасында Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов єзї билдирди. Анын берген маалыматына ылайык жолдорду оўдоо иштерине тартыла турган кытай компанияларынын тизмеси азыртадан эле берилген. Ал компаниялардын ичинен кимиси кєўїлїбїзгє кєбїрєєк толо турган болсо, тандап алуу укугу бизде. Конкурстук тандоо Бишкек шаарында єтєт. Мына ушул максатта келерки жуманын биринчи кїнїндє борборубузга конкурсанттар келишет. Алар колдоруна долбоордук документтерди алган соў 45 кїндїн ичинде сметалык документтерин жана конкурстук сунуштарын берїїгє милдеттїї болушат. Андан кийин конкурс єтїп, март айынын башында оўдоо иштери башталышы керек. Эске сала кетсек, Бишкектин жолдорун Кытай тараптан келе турган кара-

“КЕН БАЙЛЫКТАРДЫ ИШТЕТСЕК, МАМЛЕКЕТТИН ЭКОНОМИКАСЫ ДАГЫ, ЭЛИБИЗДИН ЖАШООСУ ДАГЫ ОЎОЛОТ”

жатка оўдотуу тууралуу сунуштар айтыла баштаганда эле, айрым саясатчылар «Эми башкасы бїтїп жолдорубузду да башка мамлекеттерге оўдото баштадыкпы?» деп кїпїлдєп чыккандар болгон. Эгерде єзїбїздїн азыркы тапта мїмкїнчїлїгїбїз чектелип турса, башкалар жардам кылалы деп колун созуп турганда андай жардамдан баш тартуунун єзї макоолук болуп каларын дагы айткандар болгон. Ырасында мындай жардамдан баш тартуунун єзї чекилик болмок. Жакшы тилек, ниет менен жасалып аткан жардамды алып, уўкур-чуўкуру жок тїз жолдор менен каттап калсак жаман болобу?..

КЫТАЙ КОМПАНИЯЛАРЫ АДЕГЕНДЕ БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ 3 КЄЧЄНЇ ОЎДОШОТ Жакынкы їч жыл аралыгында Бишкек шаарынын кєчєлєрї Кытай Эл Республикасынан келген каражатка жана кытай компанияларынын жардамы менен оўдоло баштайт. Бул туурасында бїгїн Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди. «Биринчи этабында сынап кєрїї максатында кытай тарап 3 автожолун оўдоого токтолушту. Алар – М. Ганди, М. Ауэзов жана Жукеева/Пудовкина кєчєлєрї. Эгерде бул жолдорду оўдоо ийгиликтїї жасалса, анда бул жылы кошумча

башка обьектилер боюнча дагы конкурс єткєрєбїз» дейт ал. Алдын-ала эсептєєлєр боюнча 3 жылдын ичинде борбор шаардын кєчєлєрїн оўдоого баш-аягы 200 миллион доллар сарпталат. Ачыгын айтканда акыркы 3-4 жылдын ичинде Кыргызстанда жол куруу, оўдоо иш-аракеттери кєбїрєєк жасала баштады. Башкача айтканда сєздєн ишке єтє баштадык десек болот. Эми кытай компаниясынын жардамы менен Бишкек шаарынын кєчєлєрї оўдолуп калса, шарыбыздын кєркїнє кєрк кошоору белгилїї.

Эркин басылмалардын бири Эсеп палатасынын экс-жетекчиси Искендербек Гайпкуловду эч бир саясатчы кошбой, «жетимсиреп» жїргєнїнжазган эле. Бош жїргєнчє дегениби, эми Ош шаарында Мелисбек Мырзакматовдун видео кайрылуусун элгетїшїндїрїп жїрїптїр. КыязыМырзакматов тїшїнїксїз кайрылуу жасап койсо керек го?.. Же саясаттан биротоло «кайып» болуп кеткенче Мырзакматовдун жанындагы эле Гайпкулов болуп турайын десе керек…

Гезит ээси:

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл

Акинай АЙДАРОВА Рахатбек РЫСАЛИЕВ Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА Дамир ЭСЕНГУЛОВ Мирбек АСАНАЛИЕВ (0777 15 99 45 Нарын) Рыскїл ТЫНЫБЕК кызы (03943 43679 Ыссык Кєл)

Коммерциялык директор:

Бектур БАЙМОЎОЛОВ (0772) 16 11 00

- Анда азыр кенди иштетїїгє каршы чыгып аткан жергиликтїї элге кандай тїшїндїрїї иштерин жїргїзїш керек?

- Элде кїнєє жок. Эгерде тоо-кен тармагы боюнча тїшїнїк болбосо, жеткиликтїї маалымат берилбесе, каршы чыккандар боло берет. Єкмєт мына ушул маселелердин бардыгын колго алышы керек. Себеби єкмєт элдин атынан кенди иштетет. Кен байлыктар бул кайсы бир топтун, же жеке адамдын байлыгы эмес, ал жалпы мамлекеттики. Андыктан туура тїшїндїрїї иштери жїргїзїлїп, ал кенди иштетїїдєн кандай пайда болот, кандай єўїттє иштетилет бардыгын ачык кєргєзїп, элди маалымдар кылыш керек. Элге деле азыр жумуш керек. Ал кен ишке кирсе ошол жумуш табылат. Андыктан бир эле маселе – туура тїшїндїрїї жана кенди максаттуу иштетїї зарыл.

КЕТМЕН-ТЄБЄНЇ «ЭРМЕКТЕГИСИ» КЕЛГЕН «ЭРЕНДЕР» Єгїнї Токтогул шаарында электр энергиясы їчїн жеўилдик берїї талабы коюлган митинг єттї. Акциянын артында Бакиевдин убагында мамлекеттик кїзєт кызматынын тєрага орунбасары К.Тєлєгєнов, райондун мурдагы жетекчиси Т.Орозов жана Т.Иманалиев, Балыкчы-

нын экс-мэри Т.Бекжанов, Атайын фонддун мурдагы жетекчиси Н.Тотонов турарын жергиликтїї тургундар айтышууда. Элге жамынып, эл деп калп эле кїйїмїш эткен ойрондор качан чыныгы элдин талабын талашат болду экен.

«АЙДАР ЖОКТО МАКСИМ БАР, БОЛБОСО «АТА МЕКЕН» БАР!

ЭЧ ЖЕРГЕ «БАТПАГАН» ГАЙПКУЛОВ МЫРЗАКМАТОВДУН «ШЕСТЕРКАСЫНА» АЙЛАНАБЫ?

Редакциялык жамаат:

- Шергазы мырза, Талас облусунда жайгашкан “Жерїй” алтын кенин иштетїїгє каршы чыккан митингдер буга чейин болуп келди. Ал тургай бул гана кенди эмес, жалпы эле Кыргызстандын кендерин иштетїїгє канча бир убакытка чейин мораторий жарыялаш керек дегендей аракеттерди жасагандар бар. Сиз буга кандай карайсыз? - Мындай аракеттерди жасап аткандардын кадамын туура эмес деп эле эсептейм. Себеби кен байлыктарды иштетиш керек. Албетте, аны ишке киргизердин алдында бардык єйдє-тємєн жактарын караштырып, зыяндуулугу кандай болот аны эсептеп, айтор бардыгын таразалаш керек. Кен чыгуучу жерди ишке киргизсек, ал бир гана жыл иштебейт. Бир канча жылдар бою иштейт. Демек, андан тїшкєн пайда менен экономикабыз оўолот. Элдин жашоо-шарты оўолот.

Кийинки айда кадимки Єкмєтбек Алмакїчїкєв «Ата мекен» партиясынын єкїлдєрї менен биргеликте «Жаштар клубу» саясый кыймылынын тїптєлїшїнїн урматына салтанат єткєрмєкчї. Жаўыдан «кєз жарчу» кыймылды Бишкектин экс-мэри Борис Силаев кєшєгє артынан башкарары бизге маалым. Мунун тїпкї максаты – «Ата мекендин» аброюн арттырып, парламенттик жарышта маарага жетип келишин камсыздоо дешет билгендер. Ал їчїн, Ємїрбек Текебаев Алмакїчїкєвду алдыўкы бештикке кошууну убада кылыптыр. “Кїчїк ээсин тапкан го” ээ?..

Веб-сайт: www.AIBAT.kg Электрондук каттар їчїн дарегибиз: redactor@aibat.kg Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №261

Нускасы: 1500


3

АРТЫК КЫЛАБЫЗ ДЕП ТЫРТЫК КЫЛБАГЫЛА

АКШнын УКРАИНАГА ЖАСАГАН “ЖАРДАМЫНЫН” КЫРГЫЗСТАНГА КЕРЕГИ БАРБЫ? Равшан Жээнбеков башында турган оппозициялык топ: “Кимиўер болсоўор дагы бизге жардам кылып, бийликти алып бергиле, автократсыўарбы же демократсыўарбы, бизге айырмасы жок” деген принцип менен иш алып баштаганы билинип калды. Анын їстїнє парламенттик шайлоо жакындап калганы экинчи депутаттык креслонун дагы жїзїн кєрбєй кала тургандыгынан коопсуна баштагандай. Себеби бир дагы партияда азырынча мїчє эмес. Туруксуз позициясынан улам аны эми беделдїї партиялар катарына кошушу дагы кїмєн. Парламентке келе албай калса, демек эч кандай бийликтин бутагына дагы илине албайт. Андыктан ал азыркы тапта бийликти колго алуунун бир гана жолун кєрїп тургансыйт. Ал жол – сырткы кїчтєрдїн колдоосу менен бийликти кїчкє салып тартып алуу. Мындай максатын жїзєгє ашыруу їчїн ага азыр ким кол сунса дагы “макул” деп ээрчип кетїїнїн алдында турат. Равшан Бабырбекович жетектеген БОК (Бириккен оппозициялык кыймыл) єткєн жылдын кїз айларынын соўунда коўшулаш Казакстан, Єзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин башчыларына кайрылуу жасап, “Биздин президентибиз силерди аябай шыбап атат, бирок биз силер мененбиз” дегендей тымызын кошоматын жасаган. Алардын мындай кайрылуусуна Эгемендик кїнї президенттин

сїйлєгєн сєзї башкы курал болуп берген. Алар президенттин сїйлєгєн сєзїн атайылап бурмалап, коўшулаш єлкєлєрдїн бизге карата мамилесин бузууну кєздєшкєн болчу. “Силер жардам кылсаўар, биз силерди жамандап аткан бийликти алеки саатта эле “алып тїшєбїз” дегендей ишааратын жасашкандары бешиктеги балага деле белгилїї эле. Бирок алардын мындай сасыткы оюнуна коўшуларыбыз кєўїл дагы буруп коюшкан жок. Анан аргалары кеткен оппозиция адегенде Кыргызстанда башаламандык жасоо їчїн электр энергиясынын тарифин курал катары алып чыгып, элди кєтєрїїгє аракет жасашты. Ал аракеттеринен майнап чыкпаган соў, кечээ жакында эле дїўїнєн: “Кайдасыў Америка?” деген боюнча океандын ары жагына кетишкен. “Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат” демекчи АКШдан эле аларды жогорку даражалуу саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер кабыл алышкан жок. Бирок, кимдир-бирєєлєрї менен жолугушумуш этип жїрїштї. Бул иш сапарга карманган шылтоолору “Биз Кыргызстанды єнїктїрїїнї альтернативалык программасын иштеп чыкканбыз, ошого кеўеш сурайлы деп кетип атабыз” деген “сїйлємдєр” болгон. Биринчиден, ал программасын ошол Америкага сапар алардын алдында маалымат булактарына чыгарышты. Бирок, эч кандай жаўы нерсе жок. “Баягы, баягы,

Баялынын таягы” дегендей эле программа экен. Кыязы, акыркы 20 жылдан бери жазылып келаткан тїрдїї программалардын ар биринен экиден, їчтєн пункттарын уурдап отурушуп, жалаяктай Программа тїзїп чыгышса керек. Макул анысына деле эч ким капа эмес. Жок дегенде кєчїрїп жазышып эмгек кылышты дейли. Бирок, аны менен Американын экономикасын, жашоо-шартын оўдобогондон кийин адегенде Кыргызстандын ичинде кеўири талкуулап, элдин пикирин угуп, анан башка мамлекеттерге кєрсєтїї їчїн кетишсе эмне болмок? Ошентип океандын ары жагынан кайтышкан оппозиция тїз эле Тїркия мамлекетине єтїп кетишкени дагы таў калычтуу болду. Социалдык тїйїндєрдє алардын Тїркиядагы “кимдир-бирєєлєр” менен кафелерде сайрандап, сырадан кере жутуп отурган сїрєттєрї чыкты. Эч кандай мамлекеттик маселени чечїї аракеттери байкалбайт. Сыра їстїндє сайрандоо, майрамдоо, талкалоо сыяктуу гана маселелер чечилбесе, элдин жїгїн жеўилдете турган маселелер чечилерин деги эле кєрє элекпиз. Ошентип сєзїбїздїн башында айтып єткєндєй БОКчулар Кыргызстанда кезектеги тєўкєрїш жасоо їчїн кимдин болсо дагы этегине “намаз” окуганга даяр турушат. Демократсыўбы, автократсыўбы, айырмасы жок болуп туру. Иши кылса каражат жагын чечип берсе болду. Алар-

дын мындай позициясы мамлекетибиздин бїтїндїгїнє, тынчтыгына доо кетире тургандыгы ойлондурган жок окшойт. Равшан Жээнбеков АКШга кетердин алдында “Америка Украинага жардам берип атпайбы...” дегендей кыйытма пикирин калтырып кеткенин айтып жїргєндєр бар. Бирок, кеп Американын жардамы менен азыр Украинанын абалы кандай болуп турганы тууралуу болушу керек. Демек, Украинага жасаган жардамын Америка Кыргызтанга деле жасай алат да дегендей кємїскєдє ой камтылып жаткан жокпу? Андай жардамдын бизге кереги барбы? Албетте кереги жок. Баса, айта кетїїчї дагы бир нерсе, оппозиция ар дайым бийликти «Президент алаканын жайып кєрїнгєн мамлекеттен жардам сурап жїрєт, качан биз єзїбїз

башкалардан жардам албай жашай алабыз» деген сынды айтып келишкен. Мындай пикирлерин бир айтып, бир койбой, эки айтып, эки койбой эле отурушчу. Эми болсо єздєрї алакандарын созгон боюнча тїшїрбєй, бир мамлекеттен экинчи мамлекетке єтє качып жїрїшєт. Эми баамдап кєрбєйлїбї, президенттин чет мамлекеттерден сураган жардамы Кыргызстандын кызыкчылыгында болуп атабы, же оппозициянынбы? Жооп бардыгына белгилїї. Албетте, президент алып келген жардамдар єлкє экономикасы їчїн, элибиздин жашоо-шартынын оўолушу їчїн жумшалып атат. Ал эми оппозициянын алып келчї «жардамдары» Кыргызстанда башаламандык, ызы-чуу, кайгы-муў, кєз жаш агыза турган гана «жардам» болчудай…

ШЫКМАМАТОВДУН ОТСТАВКАСЫ – «АТА-МЕКЕН» ПАРТИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ «ШАХ-МАТ» ЖЇРЇШЇБЇ?

Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев менен Юстиция министри Алманбет Шыкмаматовдун ортосундагы тирешїї министрдин отставкасы менен жыйынтыкталды. Бирок, ал маселе чындап эле жыйынтыкталдыбы, же эми башталып атабы деген кызык суроо бар. Кепти башынан баштайлы. «Аида Салянованын

Башкы прокурорлук кызматтан кетишине Данияр Нарымбаевдин жїргїзгєн саясаты таасир берген болушу мїмкїн» деген божомолун байкоостон «Балп» эттирип алган Алманбет Шыкмаматов караманча кашайып, «мен антип айткан эмесмин» деген бир ооз сєзї менен гана кутулуп кеткиси келди. Бирок ага карата толтура суроолор бар болчу. «Эгерде антип айтпаган болсоўуз, анда «айттырып» койгон журналистти таап сотко берсеўиз болбойт беле?», болбосо «Ошол журналистти таап диктофонуна жаздырып алган аудио жазууну угууну сунуштасаўыз кандай болот эле?», же «андай сєздї айтпаганыўызды, ал журналисттин гана катачылыгы болуп калгандыгын журналист менен бетме-бет жолугуп тактасаўыз эмне болмок?» деген суроолор бар болчу. Мындай суроолордон Алманбет мырза айланып качып атканын кєрдїк. Буга бир эле себеп бар. Ал себеп- Шыкмаматов андай сєздї айтып алган, ал журналисттин диктофонунда бар болушу толук мїмкїн. Мына ошондон улам ал журналисттин да атын атагысы келбей атат. Анан кайра «Эгерде ушундай гезитке чыккан ушак маалыматтардын бардыгына ишенип, териштире берсек, анда биз такыр иштебей эле териштирїї менен алек болуп калабыз» дейт. Ырас, азыркы басылмалардын басымдуу бєлїгї бєйрєктєн шыйрак чыгарганды жакшы кєрєт. Эптеп сенсация кууйт. Бирок, андай маалыматтардын бардыгы конкреттїї бир адамдын оозу менен эмес, ошол

журналист сєрєйдїн оозу менен гана айтылат эмеспи? Бул жерде бакыйган министрдин интервьюсу болуп атат. Мындай бакыйган чиновниктин божомолуна эч ким эч кандай реакция жасабаса, анда коомчулук «аа чын эле турбайбы?» деген ойдо калып калбайт деп ким айта алат? Унчукпаган адамдын їстїнєн жугунду куя бермей азыр абдан жакшы єнєкєт эмеспи? Бул маселе боюнча єзїнїн партиялашын канатына калкалап чыккан «Ата-Мекен» лидери Ємїрбек Текебаев їтїр, чекитине чейин баптап коюп, китептен жаттап алгансып сїйлєгєнї менен чындыктан айланып качып атканын кантип байкабай калалы? Ал «Биз Индира Жолдубаеванын Башкы прокурор болуп каларын кайдан билдик» дегендей кылат. Ырас, ага чейин Аида Салянованын отставкасына «Ата-Мекен» фракциясы дээрлик каршы турушкан. Аталган фракция гана эмес, коомчулук дагы бул отставканы анчейин каалашкан жок. Бирок, Аида Жеўишбековнада башка жол жок эле. Анын кїйєєсїн козголгон кылмыш иши турганда анын Башкы прокурорлук кызматты мыкчып турганы жакшы болбой калмак. Кылмыш ишин жєн эле жаап койгонго да болбойт болчу. Анда эле «ана єзїнїн кїйєєсїнє кылмыш иши козголду эле, кызматтык абалынан пайдаланып жаап койду» деп чыгышмак. Муну «АтаМекен» фракциясы дагы абдан сонун тїшїнїп турушкан. Бирок, анын отставкасына каршы добуш беришкен. Эмнеге?

Чындыгында адегенде эч ким аны тїшїнгєн эмес. Жєн гана Салянованын жакшы иштеп атканынан улам болсо керек деген тїшїнїк калган. Кєрсє, кеп башка жакта жаткан экен. Ошол кылмыш иши козголгон Аида Жўеишбековнанын кїйєєсї Алманбет Шыкмаматовдун кеўешчиси болуп чыгып атпайбы? Бул биринчи себеп. Экинчиден, бошоп калган Башкы прокурорлук кызматка єзїнїн кадрын коюну кыязы Ємїрбек Чиркешович мээлеп аткан. Бирок, ал мээлегенче орун бош болбой калды. Бул дагы Данияр Ильич тууралуу Шыкмаматовдун божомолунун жаралышына себеп болушу мїмкїн. Айтор, божомолун конкреттїї тїрдє жокко чыгарбастан, курулай гана актануу менен чектелген Алманбет мырза єзїнїн отставкага жасаган кадамы менен баатыр болуп кєрїнгїсї келип туру. Аны колдоого алган Текебаев «Биз АША тууралуу эмнелерди гана айтып атабыз, жер силкинип алышы керек болчу» дейт. Кандайча жер силкиниши керек эле? Жалган маалыматтар, ушактар гезит беттеринде толтура. Бирок, алар дагы бир жолу айталы жалпы сєз менен жазылат. Бул жерде конкреттїї бир адамдын интервьюсу, болгондо министрдин интервьюсу болуп атат. Мына ушуну тїшїнїп туруп тїшїнбєгєндєй тїр кєрсєткєн «атамекенчилер» чындап эле «Кумтєр» маселеси боюнча жоопкерчиликтен качып аткандай болушууда. Дамир ЭСЕНГУЛОВ

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл


4

ЭНЕРГЕТИКА

Ардагер-энергетиктер:

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭНЕРГЕТИКАСЫНДА КЄЙГЄЙЛЄР БАР, БИРОК АЛАР АКЫРКЫ ЖЫЛДАРДА ЧЕЧИЛЕ БАШТАДЫ “Чындыгында бїгїнкї кїндє Кыргызстандын энергетикасында кєп маселелер бар, эч ким аны жок дей албайт. Бардыгы бул маселелерди эў жакшы билишет. Бул маселелер биз каалагандай тездик менен болбосо дагы чечилип атат. Акыркы жылдарда иш токтоп калган ордунан козголду”, - деп айтылат 5-февралда таркатылган ардагер-энергетиктердин билдирїїсїндє. Кайрылуу профессор Карыпбек Алымкулов, СССР энергетика жана электрофикациянын отличниги Болот Иманалиев, профессор Суеркул Кадыркулов, профессор Валентина Касымова, КР энергетиктер ассоциациясынын вице-президенти Тєлємїш Кожомкулов, “Кыргызстандын улуттук электр тїйїнї” ААКсынын директорлор кеўешинин тєрагасы Бекбо Маматбеков, профессор Калый Рахимовдордун атынан берилген. Кайрылууда активист Расул Умбеталиевдин энергия алуунун альтернативдик булактарына єтїї, маселен Ысык-Кєлдїн толкуну, шамалдын жана кїндїн энергиясы сыяктуу сєздєрїнє комментарий берилген. “Чоў гидроэнергетикалык потенциал бар жерде энергия булактарын жаўыртуу кичи гидроэнергетикадан сырткары баа атаандаштыгына туруштук бере албайт. Эгерде шамал энергетикасы тууралуу айта турган болсок, электр энергиясын иштеп чыгуу їчїн шамал установкасынын баасы єтє жогору. Ал эми андай установкалардын кызмат кєрсєтїї мєєнєтї 25 жыл. Демек ага коротулган каражатты акташ їчїн, тариф кандай болушу керек? Бул тариф азыркы тапта биз Казакстандан алып жаткан электр энергиясынын тарифинен кыйла жогору болот. Андыктан

коомчулукту мындайча жоопкерчиликсиз адашууга салууга болбойт”, деп айтылат кайрылууда. Эксперт Эрнест Карыбековдун “электр энергиясын ички керектєєнїн кєлємї 9,8 миллиард кВт-саат, ал эми генерация 15 миллиард кВт-саат” деп айтканына энергетиктер комментарий берип жатышып, “2008-жылы бул цифралар чындыкка туура келчї. Азыркы тапта электр энергиясын керектєє байкалаарлык єстї, ал эми ГЭСтердеги єндїрїш тємєндєгєнї ал эў сонун билет” деп айтышты. Э. Карыбековдун билдирїїсїндєгї бїгїнкї кїндє Кыргызстанда электр энергиясын маал-маалы менен єчїрїї активдїї жїргїзїлїп атат, ал эми жазында ал дагы-да кїчєйт, себеби Токтогул суу сактагычындагы белги акыркы чегине жакындап баратат дегени бул фактыны кєбїртїп-жабыртуу деп айтылат кайрылууда. “Ооба, локалдык авариялык єчїрїїлєр бар, андан качууга мїмкїн эмес. Ошол эле убакта анын саны жыл сайын тємєндєп баратат. Ал эми маал-маалы менен єчїрїїлєр бїгїнкї кїндє республикабызда жок, бул туурасында бардыгы билишет”, деп айтылат кайрылууда. “Тїндїк электр” ААКсынын директорлор кеўешинин мїчєсї Сапарбек Аргымбаевдин энергосектордо коорупциялык кєрїнїштєрдїн кєбєйїп кеткени тууралуу айткан сєзїнє ардагерлер тємєндєгїчє комментарий беришет: “Мындай билдирїїнї укук коргоочу жасаса, анда логикалуу, ал эми бул туурасында энергокомпаниянын директорлор кеўешинин мїчєсї айтып атса, анда ал толугу менен абсурд. Эгерде ал єзї жогорку жетекчиликте турган уюмда коррупция кїчєп кет-

а) «Электрстанциялар» ААКсына байланыштуу 4 кылмыш иши ачылган: 1. коммерциялык директору К.Имановго – учурда иликтєє жїрїїдє; 2. ОЭМВР начальниги К.Нажимидиновага – иш сотко єттї; 3. С.Сїйїмбаева, А.Иманбердиева, Д.Шаимова, Н.Мусаева жана С.Алдашовага – иш соттун кароосунда; 4. Н.Курманова – иш соттун кароосунда. б) «Кыргызкємїр» мамлекеттик ишканасына байланыштуу ачылган кылмыш иштери: 1. ишкананын башкы бухгалтери Ж.Ємїрзаковага; 2. ОМТСС начальниги А.Сатаровага; 3. «Кара-Кече» филиалынын директору Б.Саманчиевге; Ысымы аталгандар жумуштан айдалып, иш соттун кароосунда турат. в) «Тїндїкэлектр» ААКсына байланыштуу 4 кылмыш иши козголгон: 1. ОППЭнин алдыўкы адиси А.Балбаевага – жасалма документ жасаганы їчїн 5000 сомдук айып пул тєлєп, 243 миў 407 сомдук материалдык чыгым тєлєп, жумуштан айдалган; 2. бухгалтер Б.Оморовага – мїлккє алдамчылык жол менен зыян келтиргенине

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл

байланыштуу козголгон кылмыш иши мєєнєтї єткєнїнє байланыштуу токтотулуп, жумуштан четтетилген; 3. бухгалтер Н.Усупова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы їчїн – кылмыш мєєнєтї эскиргендиктен иш токтотулуп, жумуштан айдалган; 4. техникалык директордун орунбасары Ж.Болоталиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мїлктї єзїнє менчиктештирип же чыгымдаганы їчїн – кылмыш иши соттун кароосунда турат; 5. Аламїдїн РЭСинин башкы инженери К.Темирканов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мїлктї єзїнє менчиктештирип же чыгымдаганы їчїн – кылмыш иши соттун кароосунда турат; 6. КБО начальниги А.Кєлчаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мїлктї єзїнє менчиктештирип же чыгымдаганы їчїн – кылмыш иши соттун кароосунда турат; Мындан сыртканы дагы тєрт кызматкер жумуштан айдалган: - Султанов Д. —ЫРЭС начальнигинин орунбасары; - Султанов К. — «СЭ» ААКсынын Таластагы филиалынын аткаруучу директорунун орунбасары; - Шырдаков С. — Свердлов райондук сатып єткєрїї кызматынын инспектору; - Мамыраев С. — Свердлов райондук сатып єткєрїї кызматынын инспектору. г) «Ошэлектро» ААКсына байланыштуу козголгон кылмыш иштери: 1. Чоў-Алай РЭСинин начальниги К.Айтиев опузалап акча талап калганы їчїн – сот тарабынан 10 миў кєрсєткїч єлчємїндє айып пулга жыгылган; 2. Ош шаарынын энергосбытынын конт-

*** Êûðãûç æàíà îðóñ ºêìºò áàø÷ûëàðû Ìîñêâàäà æîëóãàò ***

Êûðãûçñòàí ñåíòÿáðãà ÷åéèí 95 ïàéûç ñàíàðèï áåð¿¿ãº ºòºò ***

Àøêàçàíäàãû ðàê îîðóñó áîþí÷à Êûðãûçñòàí ÊÌØ áîþí÷à àëäûäà ***

Áîðáîðäóê øàéëîî êîìèññèÿñû à÷ûê ýøèê ê¿í¿í ºòêºðºò кендиги тууралуу айтып атса, анда бул шалаакы жетекчиликтин, анын ичинде єзїнїн дагы ишмердїїлїгїнїн жыйынтыгы. Биз бул адам чындыгында коррупция менен кїрєшпєй эле, аны менен кїрєшїп аткандай тїр кєрсєтїп атат деген гана тыянак чыгара алабыз. Ал кааласа фактыларды жана материалдарды бере турган укук коргоо органдары бар. Ким ага жолтоо болуп атат?” “Биз єкмєттїн жана энергетика жана єнєр-жай Министрлигинин жана энергосектордун жоопкерчиликтїї кызматкерлерин Кыргызстандын кызыкчылыгы їчїн тырышып иштеп жана кризистин алдындагы кырдаалдан татыктуу чыгып кетїїгє чакырганга укуктуубуз. Татыктуу иштей албай турган чиновниктер єздєрїнїн кызмат орундарын бошотуп бериши керек. Биз чиновниктерден эффективдїї иштєєсїн талап кылганга укуктуубуз. Эў башкысы – сезилээрлик жыйынтык жана жыйналып калган маселелерди чечїїдє байкалаарлык прогресс”, - деп айтылат кайрылууда.

2014-ЖЫЛЫ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ЭНЕРГОКОМПАНИЯЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ (фамилиялар) 2014-жылы мыйзамсыз иштерге барып, коррупциялык иштерге аралашканына байланыштуу энергокомпаниялардын кызматкерлерине 22 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 4-февралда Энергетика жана єнєр жай министринин статс-катчысы Батыркул Баетов кабарлады.

ТАМЧЫ КАБАР

ролеру К.Раимжанов шылуундук їчїн – кылмыш иши токтотулуп, жумуштан айдалган; 3. Ош шаарынын Энергосбытынын начальник орунбасары У.Мамасадыков сыйлыкты мыйзамсыз алганы їчїн – соттон акталып, кызматтан тємєндєтїлгєн; Кара-Суу РЭСинин айрым кызматкерлерине мыйзамсыз сыйлык алганы їчїн кылмыш иши козголгон: 1. контролер О.Умаров мыйзамсыз сыйлык алганы їчїн 2000 кєрсєткїч єлчємїндє айыпка жыгылып, жумуштан айдалган; 2. контролер Н.Ашпаизов мыйзамсыз сыйлык алганы їчїн 2500 кєрсєткїч єлчємїндє айыпка жыгылып, жумуштан айдалган; 3. контролера Токторали уулу Н. — оправдан судом; 3. контролер Токторали уулу Н. – соттон акталган; 4. инспектор Э.Оморкулов мыйзамсыз сыйлык алганы їчїн 3000 кєрсєткїч єлчємїндє айыпка жыгылып, жумуштан айдалган. 5. юрист К.Сулайманов – соттон акталган. д) «Чыгышэлектр» ААКсына байланыштуу ишенимдеги мїлктї менчиктештирїї же коротууга байланыштуу кылмыш иши ачылган: 1. Чолпон-Ата РЭСинин кассири Н.Чалагызовага – материалдык чыгымды калыбына келтирїї чечими чыккан; 2. Григорьев УЭСинин инспектору Э.Ибраевге – кылмыш иши соттун кароосунда; е) «Жалал-Абадэлектро» ААКсына байланыштуу Сузак районундагы энергосбыттын бир кызматкерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы їчїн кылмыз иши козголгон – иш соттун кароосунда.

Акмат РААТКАН

***

Êóìñàëûêòû ¿ã¿òòººãº êàðøû ìûéçàì óøóë àéäà êàðàëàò ***

Íàðûí øààðäûê òåç æàðäàì áºë¿ì¿íäº áèð ãàíà äàðûãåð èøòåéò ***

Îøòî "æèõàäãà" êàìûíûï æ¿ðãºí àäàì êàðìàëäû ***

Êàäûðàëèåâäèí “î¢ êîëóí” äà àïàñû êîðãîï ÷ûêòû ***

Èíòåðïîë àðêûëóó 290 êûðãûçñòàíäûê èçäåë¿¿äº ***

Êûçàìûêòû æóêòóðãàíäàðäûí ñàíû 4500 êèøèãå æåòòè ***

ÝÂÊ: Ýêîíîìèêàëûê àêòèâä¿¿ë¿ê 2015-æûëû äà òºìºíäºéò ***

Àëàéäà æåð òèòèðåäè *** Îðóñèÿ óêðàèí æàðàíäàðûíàí ÷åò ýëäèê ïàñïîðò òàëàï êûëáàéò ***

Îðóñèÿäà îêóìóøòóó ÷ûêêûí÷ûëûêêà àéûïòàëóóäà ***

Ïåíòàãîíäóí áîëî÷îê áàø÷ûñû Êèåâãå êóðàë áåðèøè ì¿ìê¿í ***

Åâðîáèðèìäèê Óêðàèíàíûí ÷ûãûøûíäàãû îê àòóóíó òîêòîòóóãà ÷àêûðäû ***

Àçåðáàéæàíäà ìåäèàãà êºçºìºëä¿ ê¿÷ºòêºí ìûéçàìãà êîë êîþëäó ***

Ôðàíöèÿ Óêðàèíàãà êóðàëæàðàêòàí æàðäàì áåðáåéò ***

Äàìàñêòà àòûëãàí ðàêåòàäàí ¿÷ àäàì ºë¿ï, 35 êèøè æàðàêàò àëäû ***

ÁÀÝ ÈÌ òîáóíà êàðøû àáà ñîêêóëàðûíà êàòûøïàé êàëäû ***


БИР ТАЛАШТЫН ЧЫНЫ ЖАНА ЧЫРЫ

5

КЫРГЫЗСТАНДА ЄЛЇМ ЖАЗАСЫН КАЙРАДАН КИРГИЗЇЇ КЕРЕКПИ? Акыркы окуялардан улам, коомчулук арасында кызуу талаш-тартыш жїрїп, кылмыштын айрым бир оор тїрлєрїнє карата єлїм жазасын киргизїї демилгеси кайрадан жанданып жаткан чак. Демилгечилер тобу кол топтой баштады. Єлїм жазасынын кайра киргизилишине жол бербєє максатында, жаналакетке тїшїп жаткандар да жок эмес. Алардын башкы жїйєсї: Кыргызстан жазаны гумандаштыруу багытын тандап алган соў, ал жолдон тайбоого тийиш! Чын эле ушундайбы?.. Эсиўерде бар чыгар, 2005-жылдын соўунда єлїм жазасына мораторий жарыяланган. Ал эми 2007-жылдын июнь айында Кылмыш кодексиндеги єлїм жазасына байланыштуу беренелер ємїр бою камакта кармоо чарасы менен алмаштырылган. Ага улай, Башмыйзамга «ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ, эч кимдин ємїрї кыйылышы мїмкїн эмес» деген жобо киргизилген. Андан сырткары, 2009-жылы Кыргызстан «1989-жылдын 15-декабрында БУУ Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган єлїм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жєнїндє эл аралык пактыга Кыргыз Республикасынын кошулушу жєнїндє» мыйзам кабыл алынды. Ошону менен єлкєдє єлїм жазасына биротоло тыюу салынды да калды. Ырас, биз эл аралык алакаларга аралашып жаткан соў, алган милдеттенмеле-

рибизди аткарууга тийишпиз. Жаза жоболорун гумандаштыруу, ырайымдуулук кылуу, кечиримдїї болуу шарт, аны тана албайбыз. Бирок, мындай чечим эл аралык уюмдардын кысымы менен, батышчыл айрым кїчтєрдїн колдоосу астында кабыл алынганын эстен чыгарсак, анда калыстыктан тайган болобуз. Башкаларга кылчактоо менен, єз жолубуздан чыгып, айрым кїчтєрдїн жетегинде каларыбыз бышык. Аргандай милдеттенмелерди ала берїїдєн мурда, анча-мынча ойлонуп кєрїш керек эле да: анысы бизге туура келеби же келбейби? Же биз їчїн эл аралык эптекей кеўешчилер ойлонуп калганбы? Беш жылы катары менен беш ирет єлїм жазасына мораторий жарыяланды, 25 жыл аралыгында 19 жолу мунапыс кабыл алынды. Андан кылмыш кыскарып, абак менен камак жайларыбыздын абалы жакшырып деле кеткен жок. Алтургай, баштагысынан алдаганча оор кылмыш менен камакка кайра тїшкєндєр алдаганча арбып барат. Азыр Кыргызстандагы ємїр бою тїрмєгє кесилгендердин саны їч жїзгє жакындан калды. «Жалпы коомчулукка коркунуч келтирген немелерди элдин эсебинен, тактап айтканда, жакындары єлїмгє дуушар болгон же алардын азабын тарткан жарандардын эсебинен ємїр бою баккысы келгендерге жол болсун», - дегендер четтен табылат. Анын ичинде эл єкїлдєрї да жок эмес. Дегеле, єлїм жазасы тууралуу талаш азыр эле кєтєрїлїп жаткан жери жок. Анын узак таржымалы бар. 2005-жылы Влади-

«МЕКЕНЧИЛДЕН» КЫЛТЫЙГАН ЖАПАРОВДУН КУЛАГЫ

Жаўыдан кєз жарган «Мекенчил» партиясынын активисти Мелис Аспеков жакында анын эсебине чон акча «култ» этип тїшєєрїн адатынча барбалаўдап макта-

нып жїргєнї кандай? Андан дагы кызыгы, ал акчаны «фантаст жазуучу» Садыр Жапаров «тартуулаганы» жатканычы? Садыр мырза мынча каражатты «Саясаттагы он жыл» китебинин гонорарынан тапканбы же экс-губернатор Кыдыкбек Исаевчесинен Европада «таксовайтетип» жыйнаганбы? «Таксовайтетсе» да анчалык акча таба турган убакыт єтє элек. Демек, «жазуучулугу» їчїн Бакиевдерден алган гонорары эле болсо керек деп калдык. Ай ушу мурдунун «кєгїн» таза сїртє албаган Аспеков эмоциясын жыя албай калганда ушинтип чыныўды айт десе, сырын айтып ийет да.

КУЛОВДУ «КИДАЙТЕТКЕН» «КАТАНИ» МЫРЗАКМАТОВДУ АЙ ТАЛААГА ТАШТАЙБЫ? «Аты улук, супурасы курук» КККнын (Каршылык кєрсєтїї кыймылы) лидери Ємїрбек Суваналиев «Улуттар Биримдиги» баштаган партиялардын катышуусунда жаўы кыймыл тїптєгєнї кабарланууда. Ишенимдїї булагыбыздын айтымында, бул кыймыл эмки жумадан тартып парламенттик шайлоого катуу камылга кєрє баштайт экен. Ємїкенин планы боюнча, кыймылдын тїндїк боюнча координаторлугун єзї аркаласа, тїштїк чєлкємїн Мелисбек Мырзакматов кєзємєлгє алышы керек. Ошондой эле кыймылга «Улуттар Биримдигинен» сырткары Мыктыбек Абдылдаевдин «Саясый

кїчтєрдїн альянсы», Артур Медетбеков тєрагалык кылган НДПК, «Єнїгїї» жана «Мекен ынтымагы» партиясы кошулаары пландалып атыптыр. Шайлоолордон дайыма чаўга аралашып кала берген, ийгиликтерге жетїїгє ар дайым «кєк чычканы» жолтоолук кылган Суваналиевдин “саясый єлїк” болуп калганына кєп эле болуп калды. Эми жалгыз отурганча “карта чабышып”туралы деп дагы бир топ саясатчыларды “кєк чычканы” менен саясат айдыўынан кємєлєтє койгону атат окшойт... Акинай АЙДАРОВА

мир Набоков башында турган Орусия Думасынын депутаттар тобу тарабынан єлїм жазасын алып салуу демилгеси кєтєрїлгєн. Ошондон он жыл єткєндєн соў, ошол эле депутат андай ынанымдан баш тартып, єлїм жазасынын колдонулушу заман талабы экенин мойнуна алып атпайбы. Азыркы Орусия деле єлїм жазасын алып салуудан 2006-жылы эле баш тарткан. Тїрк боордоштор деле андан таптакыр баш тарткан жок, мамлекеттик чыккынчылык сындуу бир катар оор кылмыштарды караган мыйзам беренелери мурдагы бойдон кала берди. Алтургай, «демократия башаты» делген АКШнын єзїндє єлїм жазасынын їч тїрї азырыкга чейин колдонулат. Ал эми айрым штаттардын мыйзамдарында кылмыштын башка тїрлєрїнє єлїм жазасы каралган. Ырас, буга чейин парламентте бачабаздарга химиялык кастрация жасоо демилгеси кєтєрїлгєн. Бирок, адистер мындай чаранын жетишсиздигин айтууда. КР башкы урологу Акылбек Усупбаев хирургиялык кастрацияны жыл сайын кайталап туруу зарыл болгондуктан, ар кылмышкерге жылына 6 миў доллардан ашуун каражат сарыпталарын, андан кєрє биротоло бычып салуу чарасын сунуштады. Ал эми академик Мамбет Мамакеев андай акмактарды жеке єзї эл кєзїнчє бычууга даяр экенин жарыя кылды. Жогорку Кеўештин депутаты Абдыманап Кутушев КР Конституциясында єлїм жазасына тыюу салынганын айтат. «Мындай сунуш Батыштын эксперттери тарабынан берилсе керек. Єлїм жазасы алардын єзїндє деле колдонулуп келет.

Муну азыртан биржаўсыл чечип алышыбыз керек. Менимче, аны балдарга жасалган сексуалдык зомбулук, єзгєчє мыкаачылык менен єлтїрїї, мамлекеттик чыккынчылык сындуу єтє оор кылмыштарга карата колдонсо болот», - дейт ал. Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева Ош обулусунун жергиликтїї кеўештеринин депутаттарынын кыргыз парламентине єзгєчє мыкаачылык менен киши єлтїрїї, балдарга зордук-зомбулук кєрсєтїї менен оор кылмыш жасагандарга єлїм жазасын киргизїї єтїнїчїн кабарлады. Ошондой эле, жер-жерлерде єлїм жазасын киргизїї демилгечилери кол топтоп жатканы да белгилїї болду. Бизге єлїм жазасын колдонуу керекпи же колдонбоо керекпи? Азырынча бул талаштын аяк-башы кєрїнбєйт. Муну эл єзї чечиши зарыл. Эмесе, Башмыйзамда аныкталгандай, бийликтин чыныгы ээси жана эгемендиктин бирденбир туткасы болгон эл єз оюн ачык айткыча, биз мыйзамдагы ынанымдар менен жашай туралы. Мыйзам бийлигинин їстємдїїлїгї деген ушул!..

АКШ КЫРГЫЗСТАНГА ЭЛЧИ КАТАРЫ АТАЙЫН «РЕВОЛЮЦИЯЧЫЛ» ЖАНА СЕКСУАЛДЫК АЗЧЫЛЫКТЫ ЖАКТАГАН ЭЛЧИНИ ЖЄНЄТТЇБЇ?

Кыргызстанда жаз айларында саясый кырдаалды курчутуп, керек болсо кезектеги революцияны жасап жиберїї аракеттери кєрїлїп атканы тууралуу эл аралык деўгээлдеги коомдук ишмерлер дагы айтып чыгышты. Мындай божомолдорго жетишээрлик негиздер бар. Маселен, кече жакында кыргыз оппозициячылдары океандын ары жагына «оптом» барып келишти. Албетте, бул єзїнчє узун сєз. Эми болсо АКШ Кыргызстанга убактылуу элчи катары буга чейинки элчилик тажрыйбасында бир топ мамлекеттерде иштеп турган маалында ызы-чуу, революциялар жасалган Ричард Майлзды жєнєттї. Ал ушул апта аягына чейин келиши кїтїлїїдє. Майлз элчи катары кызмат єтєгєн кєптєгєн єлкєлєрдє ал иштеп турган убакта жана ал кызматын єткєрїп берээри менен башаламандыктар, бомба жардыруулар, революциялар болуп келгени белгилїї. Бир-эки мисалды келтире кетели. Майлз мурдагы советтер союзунун курамындагы єлкєлєрдїн ичинен биринчилерден болуп АКШ элчиси катары Азербайжанга 1992-жылы барган. Ал

иштеп турган эки жылга жетпеген убакыт аралыгында Абульфаз Эльчибе башында турган улуттук єкмєт шайлоодон Гейдар Алиевге уттуруп койгон. 1996-1999-жылдары ал Слободан Милошевичтин учурунда Югославвияда элчи болуп иштеген. Мына ушул убакытта Косоводо согуш башталган. Америкалык дипломаттын миссиясы натонун бомбалоосуна бир жыл калганда жыйынтыкталган. Югославиядан кийин Майлз 1999-2001-жылдар аралыгында Софиядагы АКШ элчиси болгон. Анан 2001-жылдын 24-июлунда ошол учурдагы премьер-министр Иван Костов батышчыл багыттагы Симеон Сакскобургготскго парламенттик шайлоодо утулган. Ал Грузияда дагы элчи болуп иштеген. Аны 2003-жылдагы Грузиядагы «роза революциясынын» башкы идеологу катары дагы атагандар бар. Биз айткандар анын кыскача гана таржымалы. Мына ушундай революция жасоо боюнча бай «тажрыйбасы» бар Майлз эми Кыргызстанга убактылуу элчи болуп келе жатканы дагы бир нерсени каўкуулабайбы? Ошол эле учурда АКШнын Кыргызстандагы туруктуу элчиси катары Шейла Гуолтни дайындалганы маалым. Ал сексуалдык азчылыктардын укугун жан дили менен жата калып коргоп жїргєнї менен маалым. Эске сала кетсек, ал Россияда дагы элчи болуп иштеп жїрїп, кийин «Россияда адам укугу корголбойт экен» деп чыккан. Кєбїнесе ал сексуалдык азчылыктар тууралуу Россия Думасынын кабыл алган мыйзамына нааразычылыгын билдирген. Эми ошондой аракетин бизге келип жасашы толук мїмкїн. Бизге мындай элчилердин кереги барбы?..

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл


6

ТАРАЗА Талант СУЛТАНОВ:

2008-ЖЫЛДАН БЕРИ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН БААСЫ ЦЕНТ МЕНЕН 40%ГА ТЄМЄНДЄГЄН 5-диаграмма. ИДПнын энергетикага карата кєлємї, 2013-жыл. (жылуулуктун тоннасы ИДПга карата 1000 доллар єлчємїндє) Инвестиция демекчи, бизге жаўы ку-

1-диаграмма. Электр энергиясынын тарифинин

Улуттук илим изилдєє (НИСИ) борборунун директору Талант Султанов парламенттеги «Ата журт» фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошеванын бир кВт/саат электр энергиясынын наркын азыркы баасынан он тыйынга – 80 тыйынга чейин жогорулатуу демилгесине карата «АКИ-пресс» агенттигине комментарий берген. - Тариф саясаты єкмєттїн каалоосу менен эмес, єтє зарылчылыктан улам єзгєрїлїїдє. Ал каалоо менен єзгєрїлбєйт, мында ар бир кошулган тыйын маанилїї. Биз негедир электр энергиясынын наркы єздїк баасынан да тємєн болушу керек дейбиз, инфляцияга карабастан тарифтин жогорулашына каршыбыз. Ошол эле учурда 2009-жылдан бери компенсация иретинде тєлєнїп келаткан каражатты эске албайбыз. Ал эми бул акчага кубаттуу ГЭСтерди курмакбыз, кошуналарды бизге электр энергиясын сатууга макулдатып жїрмєк эмеспиз. Мен єткєн жылы жїргїзгєн изилдєєбїзгє таянып аргументтерди келтирейин. Эгер тарифтерди доллар тїрїндє карай турган болсок, 1-диаграммада кєрсєтїлгєндєй, электр жарыгынын баасы 40 �га тємєндєгєн. 2008-жылы 1 кВт/саат электр энергиясы дээрлик 2 цент турса, ал бїгїнкї кїнгє карата 1 центке чейин тємєндєгєн.

єзгєрїлїшї, цент тїрїндє Электр энергиясынын баасы сом тїрїндє эче жылдан бери єзгєрїлбєй келет. Ошол эле маалда энергетикага байланышкан нерселердин наркы эселеп жогорулады. Мисалы, кїйїїчї май акыркы 10 жылда 400�га єскєн. 2-диаграмма. Энергоресурска карата бааны салыштыруу (сом менен)

Мїмкїн бєлєк єлкєлєрдє дагы тарифти єзгєртїшпєйт чыгар? Турмуш жїзїндє акыркы беш жылда дїйнєнїн кєп єлкєлєрїндє баалар кєтєрїлгєн. Белоруссияда баа дээрлик 350�га єскєн.

3-диаграмма. Акыркы беш жылда тарифтердин єзгєрїлїшї улуттук валюта менен (2013-жыл) Буга байланыштуу, дїйнє жїзї боюнча Кыргызстанда электр энергиясынын баасы эў арзан (4-диаграмманы караўыз). Тарифтердин жогорулашына кар-

ЖУМГАЛДА КАРАЖАТ ТОПТОО ЇЧЇН КАЙРЫМДУУЛУК КОНЦЕРТ ЄТТЇ

Кайрымдуулук концерт райондун Тїгєл-Сай айылынын бєйрєгїнєн жабыркап, операция кылууга каражат сураган 21 жаштагы тургуну Нурзада Турумбековага арналган. Анын ушул айдын аягында Орусия же Турция єлкєлєрїндє боло турган операциясына каражат чогултулбай келет. Кайрымдуулук концертке Бишкек шаарынан эл алдында аттары таанымал эстрада жылдыздары жана алып баруучулар катышты. Кайрымдуулук концертин єткєрїїгє райондун ардактуу атуулу Автандил Кулбараков, коомдук

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл

ишмер Канатбек Муратбеков, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жана район акими Адылгазы Исагулов менен жергиликтїї район тургундары колдоо кєрсєтїштї. Концерттен тїшкєн каражат Нурзаданын операциясына жумшалат. Кайрымдуулук концертинен жалпы 50 миўге жакын каражат топтолсо, райондогу бардык мекеме кызматкерлеринин 1 кїндїк эмгек акылары которулуп бериле турганы маалымдалды. Ошону менен бирге февраль айында кайрымдуулук концертти Бишкек шаарына єткєрїї демилгеленди. Эске салсак, Н.Турумбекованын бєйрєгїнє операция кылууга жалпы 15-20 миў АКШ доллар керектелет. Реквизиттер: Нурзаданын апасы Аккулакова Гульбайра Жусуповна Эсеп счету №1290283480000089 (И00314) БИК: 129028 ОАО «РСК-Банк» Чаек филиалы. 0777141124

шы чыккандар ИДПнын жан башына карата кєлємїнїн тємєндїгїн аргумент катары келтиришет. Тємєндєгї диаграммага кєз чаптырсак, бизде Ооганстан, Тажикстан, Пакистан сыяктуу єлкєлєргє салыштырмалуу баа єтє тємєн экенин байкайсын.

4-диаграмма. 2013-жылга карата дїйнє єлкєлєрїндєгї электр энергиясынын баасы (кВт/саатына карата сом менен)

Эмне їчїн баалардын тємєн болушу начар дейбиз? Биринчиден, ал ысырапкорчулукка алып келет. Экинчиден, тємєн баа єкїм сїргєн чакта инвестор каражат салбайт. Биз єнїккєн єлкєлєргє салыштырмалуу алты эсе кєп электр жарыгын сарптайбыз. Ошого жараша єндїрїш жок. Кызык жери, жакында эле башталган тарифтеги єзгєрїї электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга алып келди (айрым эсептєєлєр боюнча 30�га чейин). Демек, биз ушул кезге чейин электр энергиясын жєн гана ысырап пайдаланып келгенбиз.

баттуу ГЭСтерди курууга туура келет. Биз биринчи жолу быйыл электр энергиясын экспорттоочу эмес, импорттоочу єлкєгє айландык. Биз электр энергиясы їчїн уруксатты єтє кыйынчылык менен алууда. Мунун кесепетинен Кыргызстан бизнести баштоодогу индекстен позициясы кыйла начарлады. Бизге окшогон Армения энергетика системасында ийгиликке жетишїїдє. Ал жакта бєлїштїрїїчї компаниялар россиялык компанияларга караштуу болсо, ири ГЭСтерди куруу америкалык компаниялардын колунда. Арменияда тарифтер бизге салыштырмалуу 10 эсеге кымбат. Ушунун єзї инвестор тариф саясаты ойдогудай болгон шартта гана энергетика системасын єнїктїрїїгє даярдыгын ырастайт. Ал эми бизде инвесторлор инвестиция салууга батынбайт. Биз эў маанилїї маселени чечишибиз керек: арзан баада, бирок жетишпеген электр энергиясын каалайбызбы же инвесторлорго кубаттуу долбоорлорду жїзєгє ашырууга шарт тїзїп беребизби? Акырында бул маселе єтє саясатташып, манипулциянын куралына айланганын айткыбыз келет. Бул экономикалык маселе жана аны рыноктук инструменттердин негизинде чечїї зарыл. Аны саясый, популисттик нукка буруудан кагаз жїзїндє баалар арзан болгону менен, реалдуу жашоодо таўсыктык кїчєп, жарыксыз отурууга туура келет.

АМАНБАЕВА БИРОТОЛО ДЕПУТАТТЫК МАНДАТЫНАН АЖЫРАТЫЛДЫ Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 5-февралдагы отурумунда Урмат Аманбаеванын кєзємєл арызын карап, Биринчи Май райондук сотунун єкїмїн кїчїндє калтырды. Жогорку Соттун басма сєз катчысы Айнура Токтошеванын айтымында, буга У.Аманбаеванын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын (БШК) ушул жылдын 14-январындагы чечимине макул эместигин билдирип кайрылганы себеп болгон. Эске салсак, былтыр 26-декабрда Башкы прокуратура Аманбаеваны мандаттан ажыратууну єтїнїп БШКга кайрылган. Жыйынтыгында БШК У.Аманбаеваны мандатынан ажыраткан. Урмат айым Оштогу кургак учукка каршы кїрєшїї борборунун башкы бухгалтер болуп жїргєндє оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды тїзїп, мамказынага ири єлчємдє зыян келтирди делип айыпта-

лып, кылмыш иши козголгон эле. «Кыўыр иш кырк жылда билинет» демекчи, убагында єлкє казынасына суук колун салгандар минтип четинен камала баштады. Бул азыркы жетекчилерге сабак болушу керек.


7

ИНСАН Îìàð Õàéÿì -àêûí, ôèëîñîô, àñòðîíîì, ìàòåìàòèê

Омар Хайямдын рубаилерин кимдер гана окуп анын маанисине кимдер гана таў бербеген. Азыркы тапта да анын рубаилерин колдонуп, жашоого болгон максаттарында ошол рубаилерден алгандарда, анын маанисинен таалим тарбия бергендер да аз эмес. Биз бїгїн силерге биз сїйїп, кызыгып окуган акын, философ, астроном, математик Омар Хайямдын ємїр таржымалын жана Рубаилерин менен тааныштырмакчыбыз.

ЄМЇР ЖОЛУ: Омар Хайям Хорасандын Нишапур шаарында жарык дїйнєгє келген (азыркы Иран). Омар 8 жашынан математика, астрономия, философияга кызыгуусу артып баштаган. 12 жашында Нишапурдагы медреседе окуй баштайт. Мусулмандык укук жана медицина курсун эў мыкты аяктап хаким (врач) деген квалификация алат. Бирок, Омар медицинага кєп кызыкпайт. Атактуу грек математиги Сабит ибн Куррынын матиматика жана астрономияга арналган дил баянын тереў изилдей баштайт. Омар Хайямдын балалыгы абдан оор учурга туш болот. Анын балалыгында борбордук Азияны Сельджуктардын басып алуусуна туш болуп ал согушта кєптєгєн адамдар, окумуштуулар каза болушат. 16 жашында жашоосундагы эў оор жоготууга учурайт. Эпидемиядан атасы кєз жумгандан кийин кєп єтпєй апасы да кєз жумат. Омар атасынын їйїн жана чеберлик канасын сатып Самарканда жєнєйт. Ал кезде Самарканд Азиядагы маданияттын жана окумуштуулардын борбору болуп саналчы. Самаркандка барганда жергиликтїї медреселердин биринде окуй баштайт. Бирок, бир нече жолугушууларда єзїнїн сєзї менен окутуучуларын таў калтырып аны бат эле насаатчы кылып дайындайт. Омар башка окумуштуулардай бир шаарда кечке жїрбєстєн 4 жылдан кийин Самаркандан кетип Бухарага барат. Ал жерде китептерди сактоочу жайда иштей баштайт. Бухарада 10 жыл жашап математика боюнча тєрт трактат (илимий темадагы чыгарма) жазат. 1074-жылы Санджар мамлекетинин борбору болгон Исфаханга Низам альМулька вазирдин сунушу менен Султандын руханий насаатчысы болуп дайындалат. Бул кызматка дайындалганда бир гана математикага салымын кошпостон астрономияга салым кошуп атагы алыска таанылат. Омар Хайям мындан тышкары дїйнєгє єзїнїн рубаилери менен кеўири таанымал. Анын рубаилеринин мааниси тереўдиги, таалим тарбиялыгы менен эл арасына бат тарап, элдин оозуна бат алына баштайт. Рубаилери кєбїнчє дин, турмуш, адамдын жашоосу жєнїндє жазылган. Тарых барактарында анын рубаилери 5000ге жеткен деп жазылып калган. Бирок, кээ бир изилдєєчїлєр Омар Хайямга 300-500 рубаилер гана тийиштїї деген да божомолдор бар. Кєп убакытка Омар Хайямдын рубаилери унутта калат. Англиянын акыны Эдвард Фицджеральдага Омардын рубаилери жазылган дептери колуна тийип аны биринчи латын тилине андан кийин англис тилине ко-

торуп чыккан. Омар Хайямдын эстеликтери Душанбеде, Ашхабадда , Бухаресте тургузулган. 1935-жылы Азербайжан жазуучусу Гусейин Джавит Омар Хайямга арналган “Хайям” аттуу пьеса жазат. Омар Хайям “Оо кудай, кечир мени. Мен акылым жетишинче сени тааныганга аракет кылдым. Канчалык сени тааныган сайын мен ошончолук сага жакындадым” деп кєз жумган экен.

ОМАР ХАЙЯМДЫН РУБАИЛЕРИ Желдей жортуп, батты бир кїн дагы да, Ал ємїрдєн кетти, келбес жагына. Тирїї туруп, болгум келбейт кабатыр, Кеткен тїндїн, келээр кїндїн баарына. Кайдан келдик? Кайда бармай? ТїшїнїїКыйын болду. Неде жашоо їзїрї? Кїлгє айланды нечен асыл адамдар, Кайда алардын кїйгєндєгї тїтїнї? Оо теўири, сенде устаттык чебери, Баш жаратып топурактан береги, Идишиўден, тасмалына турмуштун, Єрт жандырдыў кумарланткан денени. Бул ааламда мени кирпич санашса, Алмашмакмын, аны жутум шарапка. А эртеўчи? Сатам селде, чепкеним, Умай эне тикпеген соў адатта. Тоо турса да, шарап татсам, бийлеймин, Кандай акмак аны ушактайт билбеймин. Сен да айтасыў алыс кач деп шараптан, А мен аны, сыйкырчы кїч жин деймин. Ай, жадатты, сопу дечї немелер, Эй сатуучу, шарабыўдан келе бер! Селдем менен жайнамазым карыз ал, Мен эмесмин сопуларга теўелер.

Ошолордун кыпынынын жугу бар. Бул дїйнєдє биз жашайбыз аз гана, Шарап ичип, кыз сїйбєсєк наздана, Кїнєє болоор. Акыр кетер болгон соў, Баарын талдап, баш оорутпа башкага. Жїрєк алсыз, кечир мени жараткан, Кєєдєндї да кїйїт басып жадаткан. Иччї жайга сїйрєп кєндї буттарым, Колду кечир, бошобогон шараптан. Мейли жаша эч жамандык кєрбєстєн, Мейли жаша эптеп-септеп єлбєстєн, Мейли жыргап жїз жылдарды жашар кєр, Табарыў не, айтчы курбум, кєргєзсєў? Кете турган жан экенбиз бир келген, Акылмандан, ага маани ким берген? Кайдан келдик? Баш, аягы жок дїйнєў, Кай тарапка биз барабыз бул жерден? Мейли жїз жыл, мейли миўге жашагын, Бирок чындык, кєр алдында жатарыў. Падыша бол, кайырчы бол, баары бир, Єлїм їчїн бирдей сенин катарыў. Дїйнє катаал, берет, алат жандарды, Кимге айтасыў кайгыў менен арманды? Бул дїйнєгє аз жашаган бир жыргал, Бактылуу дейм тєрєлбєгєн балдарды.

Кумарчы, мен єзїўє таў калам, Ылай жууруп, алакан чаап сандаганОлтурасыў. Неге оюўа албайсыў, Бир кезекте болгондугун ал да адам? Билсеў, жерде, ар атомдун сыры бар, Алар-бир кез, жашап єткєн сулуулар. Чачын сылап байкап кєрсєў чаўдарын,

Роза сїйлєйт: “Жоктур, чиркин, арманым, Гїл аралап келе жатат жалжалым”. Булбул айтат: “Кєз ирмемге кубансаў, Кєрєрсїў сен, жылдап жашыў тамганын”. Каргыш тийгир, издеп жїрїп бактыўды, Жаш кєлдєттїў, кана, пайда таптыўбы? Ич шараптан, кїндєп, тїндєп иче бер, Жок болосуў сууга чєккєн таш сындуу.

ОМАР ХАЯМ ЖЄНЇНДЄ • Òîëóê àòû: Ãèÿñàääèí Àáó ëü-Ôàòõ Îìàð èáí Èáðàõèì àëü-Õàéÿì Íèøàïóðè • Òóóëãàí æûëû: 18 ìàÿ 1048 • Òóóëãàí æåðè: Íèøàïóð, Èðàí • ªëãºí æûëû: 4 äåêàáðÿ 1131 (83 ãîäà) Шыўгыр булак, чєптїн кєрчї бїрдєшїн! Тепсебегин, гїлдєй берсин гїлдєсїн. Балким бул чєп, небак єлгєн сулуунун, Турпагынан єсїп чыгып жїрбєсїн? Мен иче албай жїрєалбаймын бул кїндє, Мына, куттуу орозонун тїнїндє, Селким менен кучакташып, чєйчєктєн, Шарап ичип єткєн турам тирїїмдє. Бул дїйнєдєн аз деп менин алганым, Жыргал эўсеп, болбос баарын чанганым. Куй шарапты, жуткан демди кайрадан, Чыгарганга жетээр бекен дарманым. Адал, арам, баатыр, коркок кээ бирєє; Тєрєлгєндєн кошо бїтєт денеўе. Колдон келбейт артык болуш, кем болуш, Алла-таала єлчєп койгон ченине. Ар жакшылык же жамандык- асылган, Баары биздин, тагдырларга жазылган. Ар кадамыў Кєк Теўирден чийилїї, Болбойт ага капаланып- басынган. Рахатбек РЫСАЛИЕВ

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл


8

№ 113 • 6-ферваль, 2015-жыл

ШОУ ЖАЎЫЛЫК


9

ШОУ МАЕК

Зоотбекова Жийде, 5-каналдын алып баруучусу:

ЖОЛУМ АЧЫК, ИЙГИЛИКТЕР КОШТОЙТ...

Сыналгынын кєркїн ачып, кєптєгєн мырзалардын жїрєгїнє чок салып, алардын тїн уйкусун урдап алып анан таў алды сын алгыдан єзїнїн ажары менен тозуп алган 5 каналдын “Таўкы эс алуу” программасынын алып баруучусу Жийде айым бизде конокто.

- Cиз мурунку иштеген жериўизге таарынып кеткендигиўизди айтып жїрїшєт ошол чынбы? - Эў биринчи жолу "ТЕЛЕВИДЕНИЕ" деген ааламга НБТ телеканалынын босогосунан аттаганмын. Ал жактан абдан чоў баалуу, керек болсо жогорку окуу жайда їйрєтпєгєн тажрыйбаларга ээ болдум. Эў кызыгы мен келген кезде 3 кїндєн кийин эле эфирге чыгарып коюшкан. Башка кесиптештерим "Биздин арабыздан, эў кыска убакытта эфирге чыккан сен болдуў, биз бир жыл жїргєнбїз" деп айтып калган да учурлар кезикти. "Лидер КЖ" деген программанын алып баруучусу болуп карьерамды баштадым десем болот. Бул "Муз Канал" деген телеберїїнїн алкагында болгон. Жаман болгон жокмун, эў алгачкы кїндєн баштап жетекчилик тараптан мактоого татып, тєбєм кєккє жеткен. Кесиптештер, болгондо да кыздар бар жерде эрегишїї деген да абдан жаман касиет адам баласында бар болгондуктан, кысым кєрсєтїлїп, жетекчиликке туура эмес їгїттєрдї жїргїзгєн адамдардын артынан таарынып кеткем десем болот. Кєп єтпєй эле, убагында мени тїшїнбєй калган жетекчилик кайра чалып кайрылып келгенимди суранды, кайра келдим. Бирок, жїрєгїм муздап калгандыктан єз ыктыярым менен ошол эле НБТ каналдын ичиндеги башка бєлїмгє "Теле

Ворд" деген программанын алып баруучусу, продюсери болуп дайындалгандыктан , мурдагы “Муз Каналдын” жетекчилиги мага таарынып, бут тозуп, сени иштетпейм, эмнеге сен кетип каласыў деген да сєздєр чыкты. Бирок, бир эле бузукулук эмес, айлык маселеси да болду десем болот, себеби 1 жылда бир жолу жол киреге жеткен акчаны мага берип, калган тїшїп жаткан акчага їй, машине єзїнє алып жатканын укканда кеткеним туурабы дедим. Мен жаман болгон жокмун, менин жолум ошол жерден ачылды.

- 5 каналга кандайча тандалып калдыўыз? - Ошентип НБТ каналында башчыбыздын жардамчысы, "Теле Ворд" "Абаырайынын" алып баруучусу болуп иштеп жїрдїм. Арадан убакыт єтїп Єкмєт алдындагы Бордук Аппаратта да иштеп калдым, ал жерде жумушум кагаздар менен иштєє менен байланыштуу болгондуктан билбейм, барып алып эле сыналгыны кїйгїзїп алып, эл жок болгондо текст окуп, иши кылса телевидениени апамды сагынгандай сагынып кеттим, Фейсбукта бир кїнї журналисттер керек деп жазылып туруптур, чалсам эле келиўиз дейт. Тапшырма беребиз аткар, кєрєлї кандай иштейсиў дейт, “ии єтє кыйын экен” десем “жылдыздар тєлгєсїн котор” дейт, ушул элеби деп текст котордум, анан “СТЕНДАП” менен сюжет жасадым, мени кєпкє чейин ары калчап -бери калчап отуруп , акыры сындан єтїп бир жылга жакын журналист болуп иштеп, кийин алып баруучу редактор болуп иштеп калдым. Дагы бир жыл єтпєй єзїмдїн авторлук долбоорумду "Таўкы Эс Алуу" деген прог-

раммамды ачып кубанып отуруп калдым.

коштойт " деген ураанга єттїм.

- Сиз їчїн кайдыгерлик деген сєздїн мааниси? - Мен їчїн кайдыгерлик деген сєздїн мааниси, бул жаныўдагы адам менен эмне болуп жатат ишиў жок болуп, кол шилтеп койгон болуш керек. Бирок, кече жакында отуруп алып ойлондум тууганыў болобу, жакшы кєргєн адамыў болобу, адам баласы жакшы кєргєн адамдардан гана жаман сєз укканда ыйлайт экен. Ал эми, сен їчїн бир тыйын кереги жок, кызыксыз адам болсо, ал башынан ылдый ылай жаап салса да кайдыгер карап аны жеўип коюуу мїмкїн экен. Туугандардын арасынан чыккан сєєл жыландар баарынан жаман деп айтып калат апам, анткени аларга канча кайдыгер болсоў да, кайрадан кайрылып келе бересиў деп.

- Кайсы китептерди баалайсыз? - Психологтордун айткан кеўештери жагат "Ойлон да, бай бол" деген Напалеон Хиллдин китеби, Виктор Франкл деген инсандын китептери жагат, себеби анда кеўештер берилип ал кеўештер менен ийгиликти багынтуу болот деп эсептейм.

- Кайсы макалды кєп колдоносуз? - Мен кєп макалдарды колдоно берем, иши кылса їйдєн уккан макалдарды, бирок улуу адамдардын сєзїн угуп. “Сыналгыда мага чоў апа болуп калгансып макал айтып коёт жап-жаш болуп” деп, ошол їчїн эфирден макал колдонбогонго аракет кылам, себеби мени улуу жана кичїї курактагылар да кєрїшєт да. - Жашоодогу девизиўиз? - Эмнеге экенин билбейм, мектепте окуп жїргєн кезде "Кыйынчылыкты баарын жеўем!" деген ураан коюп алып анан кыйналып ошолорду жеўем деп эле жїрчї экенмин, анан кийин кичине акыл кирип тїшїндїм, адамдын мээси бул эў кїчтїї курал экенин андай ураан менен жїрбєстєн "Жолум ачык болот, ийгиликтер

- Турмуш куруу сиз їчїн? - Менимче биринчи жолуккан адамга турмушка чыгуу туура эмес деп эсептейм. Анан да “турмушка чыкканда эле жыргап кетем деп ойлобо” деп апам айткандай єзїў бутуўа турушуў керек го дейм. Азыр апам "Жийде, єзїў їчїн эмес же мен їчїн эмес, тєрєлє элек балдарыў їчїн жаша, ар бир жасап жаткан ишиў болочоктогу балдарыўдын келечектеги жашоосу " деп айтат. Анан мен да ойлонуп калдым, туура деп ошол їчїн азыр биринчи єзїм да бутума туруп алайын деген ой. Турмушка чыкса кїйєєў багат деп айтат, менимче кїйєєгє мени баксын деп чыгуу туура эмес болуш керек. Тескерисинче єзїўдїн талантыўды колдонуп болочоктогу жолдошуўа жардам берип, кїч бирдикте кылып чоў-чоў бир идеяларды жаратып коомдогу єзгєчє адам болууга жол ачылат деген ойдомун. Ошол їчїн, мен їчїн турмуш куруу эў маанилїї жана ал оюнчук болбогондуктан , апам айткандай “100 жолу єлчєп, бир жолу кесїї” туура деп ойлойм. - Маегиўизге чоў рахмат Жийде айым. Маектешкен Рахатбек РЫСАЛИЕВ № 114 • 6-февраль, 2015-жыл


10

ТАГДЫР

Атым Асел 24 жаштамын. Ата-энем мен кичинекей кезимде эле авариядан каза болуп калышкан. Мени жана инимди таежем багам деп колуна алган. Биз жашаган їйдї болсо арзан эле сатып жиберген. Мектепке киргичекти таежем денебизден кєк кетирген жок. Кїндє сабайт. Колу ооруса їбєлїк менен сабайт. Ал аз келгенсип, балдары “Силер жетимсиўер. Єзїўєрдїн їйїўєргє кеткиле” – деп апасы жокто сыртка кууп салышат. Иним экєєбїз їйїбїзгє кетели десек, дарегибизди билбейбиз. Алардын баарына чыдап эптеп мектепке кирдик. Бир кїнї мектептеги тазалык сектору жакабызды текшерип жаткан болчу, менин жакамды карап атып мойнумдагы кєктї кєрїп эжеге айтты. Анын мурунку кїнї “їйдї жакшылап жыйнабайсыў” деп таежем мени муунткан эле, кєгєрїп калыптыр. Эже келип мени катуу суракка алды. Таежемдин урганы туурасында такыр айткан жокмун. Анан айласы кетип мени директорго алып барды. Директор милиция чакыртып таежемди мектепке алып келишти. Мени заардуу кєздєрї менен караган таежем єлєєрчє актанып мени муунтмак турсун мага катуу сїйлєбєєрїн айтып карганып жатты. Кошуналарды да сураака алганда, жакын жашаган кошуна таежемдин бизге кылган мамилесин айтып берди.

БАЛДАР ЇЙЇНЄ БАРГАНДА ЖЫРГАДЫК Таежемди камап, бизди балдар їйїнє жеткиришти. Ал жактан эч ким бизди урбай, тагдырлаштарыбыз менен окуп жїрдїк. Таежемдин тепкисинен жалкып калып, балдар їйїнє барганда кадимкидей жыргап эле калдык. Иним менин артыман єсїп келе жатты. Мектепти бїтїп, университетке тапшырганы шаарга келдим. Бюджет эмес контракка єттїм. Контракты тєлєш їчїн официант болуп бир кафеге орношуп алдым. Кїнїгє 300 сом таап келем. Кээде 1000 сом табам. Инимди бакканга жетет, контрагыма кичине жетпей калып атты. Тїнї менен иштегендиктен сабак учурунда уктап калып жаттым. Биринчи жылы жакшы окудум, 2-курста сабакка кєп барбай атып окуудан чыгып калдым. Официант болуп иштеп жїрїп Руслан аттуу жигит менен тааныштым. Ал кїндє мен иштен чыкканда квартирама чейин машинеси менен жеткирип коет. Иниме боору ооруп єзїнїн кийимдерин алып келип берет. Иши кылып мага жакшы мамиледе болуп жїрдї. Ошондо эле анын чирик адам экенин билгенимде аны менен сїйлєшмєк тїгїл жанына жакын жолбойт болчумун.

ЖИГИТИМ СОЙКУКАНАГА АЛЫП БАРДЫ СЇЙЄМ СЕНИ ЛИРА SEVEN! Айбат гезити, сиздердин жамаатка чексиз рахмат! Мен сиздердин гезит аркылуу кыргызымдын кымча бел сулуусуна болгон арзуумду жеткиргим келди. Ал кыз чыгармачыл чєйрєдє, бирок элдикинен єзгєчє стили, єў-келбети, дене мїчєсї менен бир топ айырмаланып турат. Чачы белинен єткєн, гитараныкындай фигурага жана булбулдукундай їнгє ээ Лира Sevenди абдан жактырам. Албетте, анын чырайын кєргєн ар бир эркек ал кызга суктанбай койбойт. Бирок, кыздар аны жактырышпаарын билем. Лира, “Эркеле” деген ырыўдын клибинде бийлегениўди кєрїп эле сага кєзїм тїшїп калган. Сенин бийлегениў да бир башкача, адамды єзїўє магниттей гана тартып турасыў. Белиўе жеткен чачыўды ушул бойдон эле жайып алып жїрчї. Белиўдин ичкелигин эркектер кєрїп калбасын деп алардан абдан кызганам. Атаў Политехте иштейт эмеспи, ал киши менен жолугуп сїйлєшїп калам. Мыкты инсан. Бирок, а кишиден сени сурагандан корком. Баса, єткєндє Фейсбукчулардын кечесине баргам. Сен да ал жакка бардыў. Мен сенден кичине арыраак отурдум. Сенин жаныўа отурайын деп жакшы эле аракеттендим бош орун жок болуп калды. Сага жанагы карыган, курсагы чыккан кара

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл

Кыш болчу. Иштен чыгып їйгє кетип баратсам Руслан машинеси менен мени тосуп алды. “Асел, мени менен конокко барып келчи. Бир-эки саат отуруп эле анан їйїўє жеткирип коем” – дегенинен макул болуп конокко бардык. 2 кабаттуу особняк экен. Кирсек эле ал їйдїн босогосу нан тамекинин жыты буркурайт. Ары жакта бильярддын столу. Шейшеп жамынган кыздар жїрєт. Абдан таў калып: “Мени каерге алып келдиў? Бул жалапкана го?” – десем. “Ооба, дал єзї. Сендей чїрєктї кєптєн бери капканга тїшїрє албай жїргєм. Бїгїн кылтакка єзїў илиндиў байкушум. Сенин куткарып кетээр эч кимиў жок. Сени башка єлкєгє сатсак да колуўан эч нерсе келбейт. Сен деген бир байкушсуў ” – деди. Бул єўїмбї же тїшїмбї билбей, башым айланып, кєзїм караўгылашып жыгылып калыптырмын. Бетиме тарсылдатып чапкылап атканынан ойгонуп кеттим. “Калп эле анткорлонбо! Эгер иниўдин тирїї калышын кааласаў, биз айтканды кыласыў болбосо, киши жабышканда жаным чыгып кетти. Сен анын жабышканына башында маани деле берген жоксуў, бирок кийин андан єзїўдї оолак кармай баштадыў. Дагы бир жолу сага тийишкенде ал кишини сыртка алып чыгып, “Менин сїйгєн кызыма тийишпе!” – деп коркутайын деп атсам эле жоксуў. Кєрсє жаныўда отурган бир кара тору сулуучумак эже менен кетип калыпсыў. Тиги кара киши курсагын сылаган боюнча тишинин кирин соруп кала берди. Сїйїнгєнїмдї айтпа. Эми сенин артыўан кїнїгє аўдымай адат таап алдым. Кичине бошой калганымда эле, сен иштеген жерге барып машинемдин ичинде аўдып отура берем. Сени менен тил табышып сїйлєшєйїн дейм, учурашкандан кийин эле сїрдєгєнїм билинип калбасын деп сєздї бїтїрїїгє шашам. Бирок, сен эл ойлогондой бой кєтєргєн кыз эмессиў. Бир нерсени бетке айткан мїнєзїў жагат. Анан ачыксыў. Албетте, мен жакында ачыкка чыгам. Апама сени сїйєєрїмдї айтсам “Аныў кийим кийбейт го. Жарым жылаўач болуп гезиттерде жїрєт. Ал кызды албайсыў”, - деп мага каршы чыгып жатат. Бирок, мен баары бир сага їйлєнїїгє болгон кїчїмдї жумшайм. Лира, ачык кийинбечи! Сени эркектерден кызганып сїйєм! Нурик

иниўди ит аткандай атып салам!” – деди да сыртка чыгып кетти. Менин инимен башка эмнем бар! Эптеп аны аман алып калуунун айласын ойлоп булардын айтканына кєндїм. Иштеген акчамдын 20 пайызын иниме берип турмай болушту. Иним менен телефон аркылуу кээде гана сїйлєшєм. Ошондо да Расулдун жанында сїйлєшєм. Жакында барам деген гана кепти айтам. Иним болсо эжем келет деп кїтїп жїрєт байкушум. Кїнїнє 3-4 кардарын тейлейм. Эркектердин эшек экенин ошондо билдим. Айбанга да мындай мамиле жасабаса керек. Аракка тоюп алып каалаганын жасатышат. Кээ бири сабайт, тепкилейт. Эптеп чыдап жїрдїм.

МИЛИЦИОНЕРЛЕРГЕ ЫРАХМАТ Бир кїнї биздин сойкукананы милиционерлер билип калып баарыбызды Расулду баш кылып кармап кетишти. Абдан сїйїндїм. Ар бирибизди бирден суракка алып, кыздардын документтерин беришти. Бирок, кайрадан сойкуканага барып

иштей турган болсо тїрмєгє камай турганын эскертишти. Аларга ыраазы болуп документимди колго алып иниме чуркадым. Иним єзї иштеп кичине акча чогултуп жїрїптїр. Биз жашаган квартирадан кєчїп кеттик. Азыр Дубайдабыз. Англис тилин мектептен эле жакшы їйрєнїп алганбыз. Шаардан туристтик агенттиктерден Дубайда жумуш бар дегенинен тест тапшырып єтїп кетип, бул жакта дїкєндє иштейбиз. Арабызда ата-энебиздин жоктугу гана болбосо азыр буюрса абалыбыз жакшы. Бардык жаман кїндєр артта калды. Иним экєєбїз бул жактан їй алдык. Эми-эми жашоонун кандай керемет экенин сезип жатабыз. P.S. Урматтуу окурман, эгерде сиз да тагдырыўыз менен бєлїшкїўїз келсе биздин редакция менен байланышыўыз. Сиздин їнїўїздї элге жеткирїїгє даярбыз. Дарегибиз 2-бетте. Жазып алган Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА


11

ЖЕРГИЛИКТЇЇ ЖАЎЫЛЫКТАР АРАЖАТТЫН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН 9 БАЛА БАКЧА ЖАБЫЛЫП КАЛУУ КОРКУНУЧУНДА Жалал-Абад облусунун Сузак районунда каражаттын жетишсиздигинен 9 бала бакча жабылып калуу коркунучунда. Бул туралуу Жогорку Кеўештин басма сєз кызматы билдирди. Бул кєйгєйдї бїгїн, 5-февралда Жогорку Кеўештин жыйынында депутаттар Уланбек Нуркулов, Абдулатип Режевалиев жана Гїласал Садырбаева кєтєрдї. Эл єкїлдєрїнїн маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20 бала бакча ачылган болсо, бїгїнкї кїндє алардын 9у жабылуу алдында турат. Алардын жабылышына бала бакчалардагы тарбиячыларга каражат тєлєнбєгєндїгї себеп болууда. «Ансыз деле тарбиячылар 1 жыл бекер иштеп беришкен. Ошону менен катар, бала бакчалар жабылып калбасын деп єз чєнтєктєрїнєн дагы каржылап келишкен», - дешет депутаттар. Белгилей кетсек, депутаттар бул маселени чечїї максатында єкмєткє багытташты.

БИЙЛИК ИСКРА АЙЫЛЫНДАГЫ УЛУТТАР АРАЛЫК ЧАТАКТЫ ЖЄНГЄ САЛУУГА АРКЕТТЕНЇЇДЄ Бийлик Искра айылындагы улуттар

аралык чатакты жєнгє салууга аркеттенїїдє. Бул тууралуу АКИpress агенттигине єздїк булактар кабарлады. 5-февралда укук коргоо органдарынын, жергиликтїї мамлекеттик администрациянын, жергиликтїї єз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин, Мусулмандар дин башкармалыгынын жана аксакалдардын катышуусунда Чїй районунун Искра айылындагы чатактуу жагдай боюнча жолугушуу болуп єттї. Маалымат булактын билдиргенине караганда, чатактын чыгышына Искра айылындагы кєрїстєн себеп болгон. Эскерте кетсек, 2015-жылдын 8-январында Токмок шаарында кємїр исине ууланып бир їй-бїлєнїн 6 мїчєсї каза болгон. Алардын улуту дунган болгон. Туугандары аларды Искра айылындагы кєрїстєнгє кємїїнї чечишкен. Айылдын кыргыз бєлїгї жергиликтїї кєрїстєнгє башка жактардан келгендер эмес, айылда жашагандар гана кємїлїшїн талап кылышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында жагдайды териштирїї їчїн комиссия тїзїлдї. Эскерте кетсек, 2006-жылдын февралында улуттар аралык чатак чыккан. Анда чатактын чыгышына дунган улутундагы эки жигиттин орус улутундагы єспїрїмдї сабап коюшкандыгы себеп болгон. Чатак укук коргоо органдарынын атайын тобунун катышуусу менен токтотулган.

БИШКЕКТЕ ЕВРОПА КЕЎЕШИНИН ПАРЛАМЕНТТИК АССАМБЛЕЯСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЧКИ САЯСАТЫНА КИЙЛИГИШЇЇСЇНЄ КАРШЫ МИТИНГ ЄТТЇ

КР Жогорку Кеўешинин депутаттарынын «Бир жыныстагы адамдардын сексуалдык карым-катышын пропагандалоого тыюу салуу» тууралуу мыйзам долбоорун даярдашканы Европарламенттин єкїлдєрїнє жакпай калганы белгилїї. Алар муну «адам укугун чектєє» катары сыпатташып, кыргыз парламентарийлерин ал мыйзамдан баш тартууга чакырышкан болчу. Ошол эле учурда Кыргызстандын ичиндеги чет мамлекеттерден каржыланган бейєкмєт уюмдардын басымдуу бєлїгї дагы аталган мыйзам долбооруна каршы аракеттерин жасап кели-

КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК КЫРГЫЗСТАНДЫН БЕШ ЖАРАНЫ КАЗА ТАПКАН Кыргызстандын Єзгєчє кырдаалдар министрлиги Башкортстандын Октябрь шаарына жакын жерде жол кырсыгынан Кыргызстандын беш жараны каза тапканын билдирди. Кырсык 5-февралга караган тїнї, тїнкї саат бирде болгон. Министрликтин маалыматына караганда, Урал автожолунун 14-чакырымында "Вольво" їлгїсїндєгї унаа менен "Газель" кагышып кеткен. Мындан улам 7 адам жабыркап, 5 адам каза болгон. Эки киши Октябрь шаарындагы ооруканага жеткирилген. Каза болгон 5 киши Кыргызстандын жарандары. Алардын аты-жєнї такталды: - Маминов Акыл Камчыбекович, - Шарипов Бахретдин, - Кусумбаев Исламбек, - Нажимутдинов Шерали Шавкатович, - Кочконбай уулу Исламбек. Жаракат алып, ооруканага жеткирилгендер: - Нурматов Носиржан Ахматжанович, 1965-жылы туулган (жарандыгы аныктала элек); - Кислицин Александр Владимирович, 1962-жылы туулган (жарандыгы аныктала элек). Соўку маалыматтарга караганда, каза болгон кыргызстандыктардын сєєгїн мекенине алып келїї аракеттери кєрїлїп баштады.

100 МИЎ СОМ САЛГЫЛА», ДЕП АЛДАП АКЧА ОПУЗАЛАГАНДАР КАРМАЛДЫ Баткен облусунун Кадамжай районунда 1-февраль кїнї белгилїї эле адамдын їйїнє телефон чалуу болуп, анын Россиядагы баласынын атынан «адам єлтїрїп койдум, 100 миў сомду тез аранын ичинде салгыла» деген кабар келген. Жергиликтїї укук коргоо органдарынан маалымдашкандай, шектїї окуяны шаардык ички ичтер бєлїмїнє кабарлаган ата-эненин айтуусу боюнча, шаардык ички иштер бєлїмїнїн опер тобу

айтылган жерге барып, шектїїлєрдї кєзємєлгє алган.

Милициянын майору Давранбек Маматкуловдун айтымында, шектїї адамдын «сары изине чєп салган» опер топ ал жерге барганда, акчаны алуучу адам акчаны Кадамжай районундагы Козубай орто мектебинин жанына алып баруусун айтышкан. Телефондогу «терррор» ошол жерден кармалып, учурда сурак берип жатат.

ОК АТУУЧУ КУРАЛДЫ МЫЙЗАМСЫЗ КЄТЄРЇП ЖЇРГЄН ЖЕРИНЕН КАРМАЛДЫ Бакай-Ата районунун Їрмарал айылынын тургуну ТОЗ-8 їлгїсїндєгї ок атуучу куралды мыйзамсыз кєтєрїп жїргєн жеринен кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма сєз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунда 4-февралда «Арсенал» рейдинин жїрїшїндє Бакай-Ата РИИБнїн аймактык тескєєчїсї тарабынан Бакай-Ата районунун Їрмарал айылынын тїштїк тарабындагы талаадан Їрмарал айылынын тургуну 1990-жылы туулган А.К. ТОЗ-8 їлгїсїндєгї номери сїрїлгєн сайлуу ок атуучу куралын мыйзамсыз кєтєрїп жїргєн жеринен кармалган. Учурда тиешелїї изилдєєлєр дайындалып текшерїї иштери жїргїзїлїїдє

шет. Алардын мындай аракетинен улам шамалдын кайдан согуп атканы айдан ачык кєрїнїп турат. Демек, батыштан каржыланган уюмдар Кыргызстандын ички саясатына тереў кийлигишїї менен ата-бабаларыбыздын нарк-насилине, їрп-адатына каршы келе турган жосунсуз жорукту жайылтууну колдоп жатышканын кантип танабыз? Мына ушундан улам 5-февралда борборубузда Ак їйдїн алдында Кыргызстандын ички саясатына Европа Кеўешинин Парламенттик Ас-

самблеясынын кийлигишїїсїнє каршы митинг єтїїдє. Митингдин дагы бир катышуучусу «Калыс» кыймылынын лидери Жеўиш Молдакматов митингге чыккандар жаш балдарды зордуктагандарга єлїм жазасын талап кылып жатышкандыгын билдирет. «Парламент педофилдер маселесин єз деўгээлинде карабай жатат. Эгерде карашса, їстїртєн гана карап, анын себептери менен кїрєшпєй, тергєє менен кїрєшїїдє. Биз депутаттар ушул маселени кароосун талап кылабыз. Конституция боюнча єлїм жазасына тар-

тууга тыюу салынгандыгын туура тїшїнєбїз. Бирок биз мындай єзгєртїїнї киргизїї їчїн референдум єткєрїїгє болот жана биз анын єтїшїн колдойбуз» дейт ал. Чындыгында эле бул кєтєрїлгєн эки маселе теў орчундуу маселелер. Кыргыз элине жат кєрїнїш болгон бир жыныстагы адамдардын сексуалдык карым-катышын пропаганда кылуу бул кайсы бир кїчтєрдїн элибизди тукум курут кылууга жасап аткан атайын аракетиндей туюлат. Ошол эле учурда ыймандуулукка да шек келтирет. Ал эми жаш балдарды зордуктоо маселеси дагы єтє олуттуу, кооптуу маселе болуп турат.

«БИЙЛИК МЕНЕН КООМЧУЛУК СЕКСУАЛДЫК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК МЕНЕН КЇРЄШЇП АТКАН МААЛДА СОТТОР ЗОРДУКЧУЛАРГА ГУМАНДУУЛУК КЄРСЄТЇЇДЄ» Дал ушундай пикирин «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бїбїсара Рыскулова 5-февралдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, зордукчулукка тушуккан жаш кыз-келиндер жана жашы жетелек кыздардын ата-энелери кризистик борборго кайрылышат. Алар соттордун зордукчуларга карата акыйкатсыз єкїм чыгарганы, кээде таптакыр актап койгонуна наарачылыгын билдиришет. «Єткєндє Кадамжайдагы 18 жаштагы кыздын атасы кайрылды. Анын кызын 24 жаштагы айылдашы зордуктаптыр, бирок аны райондук жана Баткен облустук соту актап салган», - дейт Б.Рыскулова. Сєзїн андан ары улаган Бїбїсара айым актоо єкїмїнє зыян тарткан тараптардын

доо арызын кайра артка кайтарганы же тосмо арыз жазганы себепкер болорун баса белгиледи. «Бир окуяны мисал келтирейин. Бир кызды зордуктаган адам анын видеосун интернетке илип, бїткїл элге жаям деп коркуткан. Жыйынтыгында сотто кыз баш тарттык, зордукчул бошотулду. Кыз бир нече ирет ємїрїн кыюуга аракет кылган. Биз бул ишти Жогорку Сотто кароого жетиштик, бирок анда болгону 6 жылга эркинен ажыратылды. Алты жылдын 3 жылы амнистия менен кыскартылды. Єкїмдє анын биринчи жолу кылмыш кылганы жазылган. Эмне анын дагы бир нече зордукчул ишин жасашын кїтїп, анан мыйзам чегинде жазалашыбыз керекби?» - деген суроону укук коргоочу кабыргасынан коет.

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл


12

ТОП-10

ДЇЙНЄНЇН ЭЎ КООЗ ШААРЛАРЫ FORBES журналы жыл сайын жарыялап келген жыйынтык боюнча, Лондон жана Париж шаарлары адаттагыдай эле эў алдыўкы саптан оорун алган. Ал эми, калган шаарлар, жыл сайын бул рейтингде оорун алмаштырып єзгєрїп турат. Тємєндє "forbes" журналынын дїйнєнїн эў кооз шаары деп эсептелген, 10 шаарды сунуштайбыз.

1-ООРУНДА ПАРИЖ

Футболдун дїйнєлїк борбору жана карнавалдын мекени деп да саналган жана 2014-жылы дїйнєлїк футбол боюнча чемпионаттыкты єз кучагына алып жакшы маанайды тартуулаган Бразилиянын борбор шаары Рио-Де-Жанейро 3 орунду ээлейт. Бул шаар башкалардан єзгєчєлїгї Исус Христостун символу, бийиктиги 36 метр болгон статуясы эсептелет. Шаар Бразилиянын маданий, экономикалык борборлорунун бири. Айрыкча Рио де Жанейрого кєпчїлїк туристтер, белгилїї Бразилия карнавалын єткєрїї убагында келип кєрїп кетїїнї самашат..

7-ООРУНДА КЕЙПТАУН

4-ООРУНДА ТОКИО Кейптаун Туштук Африка республикасынын ири шаары. Спорттун "серфинг" (суу лыжасы) тїрї боюнча, дїйнєлїк борбор деп да аташат. Кейптаунда жагымдуу аба ырайы, экзотикалык климат, пляждар жана башка ушундай жерлерине туристтер агылып келчїї жерлери кєп.

8-ООРУНДА КАИР

Париж шаары Франциянын борбор калаасы. Кєптєгєн жаш сїйїшкєндєрдїн кыялындагы шаар болуп эсептелинет. Париж шаары єзїнїн кучагына кєптєгєн атактуу инсандарды камтыган жана башка чет єлкєнїн актёрлордун да кызуусун арттырган. Бул шаар жєнїндє кєптєгєн кинолор тартылган. Чындыгында Париж аябай кооз шаарлардын бири жана кооз шаарлардын алдыўкы сабында туруп келет. Бул кереметтїї романтикалык шаар, бїткїл дїйнєлїк коомчулук тарабынан "дїйнєдєгї эў кооз шаарлардын бири деп табылган. Париждин атагын чыгарган бир гана Эйфел мунарасы менен Лувр музейи гана эмес. Бул кереметтїї шаардын кєптєгєн тарыхый имараттары, парктар, дїкєндєр жана башкалары менен сыймыкта алышат. Ал эми, Парижге барган ар бир турист, сєзсїз тїрдє Мона Лизаны кєрїї їчїн Лувр музейине баш бакпаса болбос.

Азыркы учурда Кытайдын Шанхай шаары, калкынын саны боюнча дїйнєнїн эў чоў шаары болсо, ал эми Токио жеринин аянты боюнча дїйнєдєгї эў чоў шаар болуп саналат. Токио шаары єзїнїн заманбап Токио дїйнєлїк экономикалык, финансылык борборлордун бири. Заманбап шаарлардын катарында.

5-ООРУНДА ДУБАЙ Каир Египет араб республикасынын (Мисир) борбор шаары. Кєптєгєн кылымдык тарыхка ээ болгон байыркы шаар. Мечиттер, Пирамидалар оорун алган. Пирамидалардын ичинен Хеопс пирамидасы дїйнєнїн жети кереметинин бири болуп саналат. Кєптєгєн ири базарлар, тарыхый эски имараттар, жана заманбап кєк мелжиген їйлєр жайгашып, Каир кайталангыс кооз шаарлардын катарында 8 орунда турат.

2-ООРУНДА ЛОНДОН

9-ООРУНДА СТАМБУЛ

Лондон, бул шаарды кимдер гана билбейт жана бул шаар тууралу уккан адам, дароо эле Лондонго байланыштуу ар кандай нерселерди элестетет. Кимдир БигБен жана Тауэр жєнїндє, кимдир бирєє эки кабаттуу автобустар жєнїндє, кимдир Лондондогу тумандар жана жамгырларды элестетет. Ал эми кино сїйїїчїлєрї алгач эле Шерлок Холмсду элестетсе керек. Лондондун абасы таў калтыраарлык таптаза аба, бул албетте Улуу Британиянын борборуна биринчи жолу келип жаткандарды таў калтырбай койбойт. Ошондой эле, Лондондо Европадагы эў бийик имарат, Лондон Кєзї имараты жайгашкан.

Дубай жаўыдан гана єнїгїп келе жаткан шаарлардын бири. Ошентсе да Дубай азыркы учурда ири соода экономикалык борборго айланды. 1996-жылы Дубайда нефть табылгандан баштап єтє тез темп менен єнїгє баштады. Дубайда кєптєгєн фирмалардын офистери, магазиндер, асман тиреген курулуштар, отельдер жана башкалар жайгашкан. Дубайда ошондой эле дїйнєдєгї эў чоў ырдоочу музыкалык фонтан оорун алган жана ошону менен бирге дїйнєдєгї эў бийик имаратты менен мактаныша алышат..

6-ООРУН НЬЮ-ЙОРК

Стамбул Европанын жана Турциянын эў ири шаары болуп эсептелет. Европа жана Азияны ажыратып турган Босфор кысыгынан оорун алган шаар. Байыркы шаарлардын бири, мурдакы аталышы Константинопол. Азыркы учурда Стамбул чыгыш менен батыштын маданиятын айкалыштырган, заманбап шаарлардын бири.

10-ООРУН СИДНЕЙ

3-ООРУН РИО-ДЕ-ЖАНЕЙРО

Бул шаарды “Дїйнєнїн борбору” деп аташат. НьюЙорк Америка Кошмо Штаттарынын эў чоў жана саясий, маданий, экономикалык мааниси бар шаарларынын бири. Борбордук парк, эркиндик статуясы, Манхеттен сыяктуу аталыштарды укканда, кєптєгєн туристтерди кызыктырат.

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл

Австралиянын борбору болгон Сидней дїйнєнїн эў кооз шаарларынын 10 орунун камсыз кылып турат. Сидней шаарында кєзгє толумдуу кооз жерлери, кооз имараттар, кызыктуу эстеликтер кєптєгєн туристтердин кызыгуусун арттырып келет.


13

ПАЙДАЛУУ КЕЎЕШ ПАХТА-ГЇЛКАЙЫР

ЄЧПЄС ГЇЛ, САМАРКАНД ЄЧПЄС ГЇЛЇ, БОЗУНАЧ Астра тукумундагы кєп жылдык чєптїї єсїмдїк. Анын сабагы бир нече, бийиктиги 15-35 см, боз болот. Тамыры жакын, жалбырактары жумуртка сымал, узунча, сабагындагылар – тїз, ланцеттей, сапсыз. Гїлдєрї ачык-сары, лимон-сары, башкы гїл сабагында каптал гїл саптардан бутактанган топ гїлдї пайда кылат. Тамыры катуу, таралган, кара кїрєў тїстє. Єсїмдїк июнь- августа гїлдєйт. Уругу – кутуча, августсентябрда бышат. Єчпєс гїл кєбїнчє кумдуу топуракта єсєт. Биздин єлкєдє Єзгєн жана Чаткал тоолорунда кєп болот. Дары катарында єчпєс гїлдїн гїлдєрї толук ачылганга чейин жыйналат. Топ гїлдєрдї тїбїнєн кайчы менен кесип алат. Сабагынын калдыгы 1-2 см ден кєп болбош керек. Караўгы, жакшы желдетилген сарайларда кургатылат. Кїн абдан ысыганда гїлдєрї ажырап кетет. Кургак сырье ачык сары тїстє, жыты жагымдуу, даамы ачуу. Сактоо мєєнєтїї 3жыл. Єчпєс гїлдє флавоноиддер, эфир майлары, чайырлар, ачуу жана ийлєє заттар, микроэлементтер, стероиддер ж.б. бирикмелер бар. Єчпєс гїлдєн жасалган дарылар єт баштыкчасынын иштешин оўолтуп, єттї айдайт. Ашказан менен он эки эли ичегинин зилдерин бєлїп чыгарууга кємєк болот, артериялык кан басымды бир аз жогорулатат. Заара айдама, бактерияларга каршы да таасирге ээ. Єчпєс гїл єт жолдорунун сезгенїї ооруларында, боор ооруларында колдонулат. Бирок, єт баштыкчасында таш пайда болуу оорусунда ал колдонулбайт. Себеби, єт айдалып чыкканда таштар єт жолдоруна тыгылып калышы мїмкїн. Заара жолдорунда майда таш менен кум пайда болсо, єчпєс гїл аны да айдайт. Колдонуу ыкмасы: 10г єчпєс гїлдїн їстїнє 200мл (1 стакан) кайнак суу куюп, 30-40 минута термосто демдеп, чыпкалайт. Тамакка чейин 30 минута калганда 2 аш кашыктан 3 маал ичсе жарайт. Єчпєс гїлдї шкафка салып койсо, ал кийимди кїбєдєн сактайт.

Гїлкайыр тукумундагы бир жылдык чєп єсїмдїгї. Республиканын тїштїгїндє эгилет. Сабагы узун, жалбырактары узун саптуу, кезектїї, тїп жагы жїрєк сымал, 3-5 айчыктуу. Гїлдїї сабагы узун, анда жалбырактын сабакка бекиген жериндеги сабагы менен сабактын ортосундагы аралыкта (колтугунда) гїлдєр жайгашкан. Гїлдєрдїн диаметри 6-7 см. Гїл жалбырактары 5, мала сары, кийин кызарат. Уругу 3-5 саадактуу кутуча, ал жетилгенде єзї ачылат. Уруктарынын сырты узун жана кыска буула менен капталган. Июль –ноябрда гїлдєйт. Сырье катары тамырынын кыртышы, пахта бууласы (ал жетилген мємєсїнєн їзїлїп алынат), ошондой эле тїгї алынгандан кийинки уруктар пайдаланылат, андан май чыгарылат. Тамырынын кыртышында госсипол аттуу бирикме, С витамини, эфир майлары бар. Уругунда –госсипол, єсїмдїк майы бар. Пахта майы –кїрєн кызыл тїстєгї май. Пахтанын майынын тїсї андагы кызыл пигмент- госсипурин жана сары пигментгоссипол менен байланыштуу. Тазалангандан кийин пахта майы медициналык максатта да колдонулат. Анда каныкпаган май кислоталарынын єлчємї 45 � ти тїзєт. Тазаланган пахта бууласы таза целлюлозадан турат. Ал нымды єзїнє тарткандыктан жарааттарды тазалоодо кеўири колдонулат. Пахта бууласынын кан токтоотуучу касиети флавоноиддер, К витамини жана ийлєє заттары бар болгондугу менен байланыштуу. Уругунан чыгарылган єсїмдїк майында Е витамини кєп. Ошондуктан пахта майы жыныс бездеринин функциясы бузулганда дарылык таасир берет. Пахтанын уруктарын кайнатып демдеп бала эмизгендерге ичирсе алардын сїтї кєбєйєт экен.

ТОПИНАМБУР, ЖЕР АЛМУРУТ

ТЕЎГЕ ГЇЛ, КАЛЕНДУЛА

- татаал гїлдїїлєр тукумундагы кєп жылдык єсїмдїк. Сабагы кїн карамага окшош келет. Сабагы тїз, кїчтїї, жогорку жагы бутактуу, узундугу 1,22,5 м, кээде 4 м –ге чейин. Жалбырактары кыска саптуу, жумуртка сымал, учу ичкерилген. Гїлдєрї кїн караманыкындай майдаарак келет. Тамыр системасы абдан чоў жана тереў жайгашат. Топурактагы єзгрїлгєн кыскарып, жоонойгон сабагы тїймєк, андагы кєзчєлєрї-бїчїрлєр. Тїймєктєр ак, сары, кєк кызгылт, кызыл тїстє. Тїймєк запас топтолуучу жана вегетативдик кєбєйїї органы катарында кызмат кылат. Жер алмурут Тїндїк Америкадан алып келинген культурадагы єсїмдїк. Ал жазында же кїзїндє картофель єстїрїїчї машинанын жардамы менен айдалат. Картошканы тїптєгєндєй эле тїптєлєт. Жашыл массасы 1 га-дан 350-500 ц тоютту, тїймєгї 200-250 ц тїзєт. Тїймєктєр топуракта жакшы сакталат, ошондуктан аны керек болгондо гана казып алат. Тїймєктєрїндє сууда ээрїїчї полисахарид-инулин кєп (16-18�), азот заттары, С витамини, В тобундагы витаминдер бар. Тамакка колдонулат, ошондой эле андан єнєр жайда спирт, фруктоза алынат. Топинамбурдун тїймєктєрї менен жашыл массасы сонун тоют. Аны кєк бойдон же силостогон тїрдє да берет. Тїймєктєрїн 100 кг-да 1,5кг сиўирилїїчї протеин бар. Силос менен тїймєктєрїн мал жакшы жейт. Куштар менен коёндорго да берсе жарайт, алар андан жакшы семирет.

Бийиктиги 30-60 см болгон татаал гїлдїїлєр тукумундагы бир жылдык єсїмдїк. Сабагы тїз, же бутакталган. Жалбырактары кезектїї, овал сымал, кургак мезгилде єсїмдїк жабышкак, жыты балзамдай болот. Гїлдєру алтын сары, ачык сары, диаметри 4-5см. Мємєсї –кыйшайган урукча, куштардын тырмагына окшош. Июндан баштап октябрга чейин гїлдєйт. Июлда эле уругу пайда болот. Календула биздин республикада єстїрїлєт. Гїлдєрдїн курамында каротиноиддер, ийлєє заттары, органикалык заттар, флавоноиддер, микроэлементтер ж.б. бар. Дары катарында гїлдєр колдонулат. Календула гїлдєгєндє гїлдїн єзї жыйналат. Сезондо 15-20 жолу жыйнаса болот. Кєлєко жайда же кургаткычта 40-45 градуста кургатылат. Жыты анча эмес, жагымдуу болот. Теўге гїлдїн (календула) препараттарынын єт айдама таасири бар, жогорулатылган кан басымды тємєндєтєт, нерв системасына сеп алдырма таасир берет, уйку келтирет. Мындан тышкары, календуладан жасалган дарылар микробдорго каршы, сезгенїїгє да каршы таасир берет. Ошондуктан календула кїйїктє, їшїк алганда, сыздоок чыкканда колдонулат. Календуланын тундурмасы менен ангинада тамак сезгенгенде оозду чайкаса жакшы болот. Календула кошулган майларды теринин сезгенїї ооруларында сыйпаса жардам берет. Їй шартында 10 гр кургак жанчылган гїлдї 50 г вазелин менен кошуп, аябай аралаштырып жарага сыйпаса жарайт.

САРЫ ЧАЙ ЧЄП Бийиктиги 30-100 см болгон кєп жылдык чєп. Анын сабагы бир же бир нече, тыгыз, эки кырдууу. Жалбырактары майда, кезектїї, сабаксыз, сїйрїовалдуу, жылма, кєптєгєн эфир чыгаруучу майда жылчыктары бар. Гїлдєрї кєп, сары алтындай, кара тилкелери бар, шыпыргыга окшогоп чогуган. Мємєсї - їч уялуу кєп уруктуу кутуча. Май-августта гїлдєйт. Уругу абдан майда, кїрєў, сентябрда бышат. Ал бардык жерде єсє берет. Сары чай чєптїн тїрї кєп. Дары катары сары чай чєптїн бир тїрї гана жыйналат. Гїлдєгєн кезде 15-30 см сабагын кесип алат. Желдетилген, кєлєкє жайда кургатат. Андан кийин гїлдєр менен жалбырактары катуу сабактардан ажыратылат. Кургаган сары чєптїн бльзамдуу жыты бар, ал 3 жыл бою сакталат. Сары чай чєптє 10-12� ийлєє заттары, боёгуч заттар, рутин, С жана РР витаминдер, каротин, эфир майлары бар. Сары чай чєптїн микробдорго каршы, сезгенїїгє каршы, кан токтотуучу, єт айдама, сеп алдырма касиеттери бар. Сары чєптї элдик медицинада тундурма тїрїндє колдонулат. Ал їчун 1 аш кашык чєптїн їстїнє 1 стакан кайнак суу куюп, 2 саат демдеп, чыпкалап 1/3 стакандан ичет. Сары чай чєптєн сонун май жасаса болот. Ал їчїн кургак чєптї майдалап, анын 1 бєлїгїнє 2 бєлїк жылытылган єсїмдїк майын куюп, 3 жума караўгы жерге коюп коёт. Арасынан чайкап, аралаштыруу зарыл. Андан кийин чыпкалап, єзїнчє бєтєлкєгє куюп коюп, ар кайсы жараларды дарыласа жарайт. Сары чай чєптєн туруктуу боёкторду (сары, жашыл) же ысык тундурмадан мала кызыл же кызыл тїстєгї боёк алса болот.

Єсїмдїктїн жаш жалбырактарын майдалап, шишиген жерге тартып койсо, шишик тарайт. Ошондой эле календуланын тундурмасын ваннага кошсо, тери оорууларында жардам берет. Єсїмдїктїн ширесин сыгып алып, мурунга тамызса да, чимкирик азыраак чыгат. Календулада боёгуч заттар кєп болгондуктан, ал тамак аш єнєр жайында маргарин, май, сырды боёгонго жана жыт бергенге пайдаланылат.

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл


14

ЫР САПТАР НЕБЕРЕМЕ!

ТУЗ АЙЫЛЫ!

Баламдын баласы неберем, Бактылуу чоў атаў сен менен. Жатсам да турсам да тиленип, Сурап мен алганмын теўирден.

Бышпаса да алча, мисте жангагы, Аз болсо да аккан суусу сайдагы. Жок болсо да карагай чеер бетеге, Капа болбой элим жашайт жайдары.

Ємїрїў бактыўды сурайын, Кудай деп тиленип турайын. Эр жетип чоўойсоў неберем, Ата-эне кызматын кылаарсыў.

Алма бышат буудай бышат жериме, Кара тузу дары болот элиме. Демиккендер дем алалбай келгендер, Айыгышат дары эмей эмине.

Илимдин билимдин качпагын, Адамдык сапатын сактагыў. Артыўдан жаман сєз ээрчитпей, Ата-Энеў тилегин актагыў

Касиеттїї кара туз деп атайбыз, Сыймыктанып ушул тузда жашайбыз. Боз топурак чан болсо да айылыбыз, Бейиш болсо бейиштей деп баалайбыз.

Кадыр Кубат, Туз айылы

Мунусун качан токтотот? Эми эмне болот? Ал азыр аны кандай кабыл алат, жїрєгїнє жетер жылуу сєз айтабы же, айтор, алдын-ала болжолдоп айтуу кыйын. Далай мезгил кєєнїндє кїйїп от болуп, ишенимтагдыры болгон, тамчы сууга зар кылган эрме чєлдє азапка батып єлєсїў десе да жїрєгїнїн кагуусуна айланган ал ойлорунан баш тарткан эмес. А заман кыяматы таптакыр башка. Кыз кыялындай романтика дегенди да бу жашоонун чындыгы жокко чыгарып салган. Мунун болсо аны менен иши жок, ошол учкул кыялды менен ємїр сїрїп келет. Акыркы їлгїдє кїзгїдєй салынган жол менен карегиўди кїйгїзїп, кєз отуўа илинбей учкан, баасына башыў сайылса да жеткис чет элдик жеўил машиналарга жанталаша кол кєтєрїп, а бирок анысынан айла табалбай турган бу кеўкелести ушу азыр аларыў адам экен деп карап коёр тїрї жоктой. Ошентсе да, дагы бир жолу тобокелге ишенди. Ушундан улам ал эринбей эрте камынып, ресторан ырчысынын кєзїнє тїз кєрїнїп тургудай, аны менен маўдай- тескей жерди атайы тандап алды. Кєз учура кєздєгєнї ушул эле. Ал аўгыча сахнага оркестрчилер чыгышты да, єз ордуларына каадалуу отура баштады. Даўазасы таш жарган мындай ресторанда башка жактан чакырылган жана жергиликтїї ырчылардын жылдыздары чыгып ырдай турган азыркынын жандуу рок-музыкасынын жанжыргалын каалашат. Мурда опера театрынын оркестринде ойногон музы- канттардын айрымдарын ал єўїнєн таанычу, кээлери менен жеке тааныштык жайы бар эле. Анткен менен кєптєн бери аларга жолукпай, далай мезгил аларсыз єткєн. Ушу азыр ал тигилерге керек болду бекен? Эмне болсо ошол болсун, ал їчїн кеп анда эмес эле. Бир аз гана убакыт калды, музыканын мун козгор їнї жаўырып, ар адамдын кумар-эўсєєсї кїткєн дил эргиткен бир керемет кези башталат да, ал сени акырындык менен ємїр бою єксїїдє эўсеп келаткан бир керемет дїйнєгє ээрчитип кирип, жандїйнєўдї кайра жаўы жаратып, кєртирилик кєйгєйїнєн арылтып, жалгыз гана кєўїл эриткен, кєўїл жыргаткан мукам ырдын, назик їндїн ажайып ааламында жашап каласыў. Аным їстїнє мунун музыка жандуулугун айта кєрбє, жамоодогу шору да, жыргалкумары да ошол болчу. Муну жєн гана кумар-кызыгуу дешке болбос, тїшїндїрїїгє да мїмкїн эмес, айтор, бир керемет кїч-касиет коштоп жїрчї. Бул боюнча оо мурун бир окуя болгон эле, аны эстеген сайын єзї да кїлїп жиберет, анан ошо замат кайрадан єзїн келесоо, музыканын жинди дубанасы деп жемелеп алчу. Азыркыдан жаш чагы, кайра куруу дегениў жаўыдан келген кез эле, журналисттик жумуштар менен Лондондо єтчї бир конференцияга барып, кирсеў чыккыс жыргалы бар мейманкананын жарым-жартылай жертєлєсїндєгї кулак кескен жымжырттык баскан дааратканасына киргенде тиги шып жагынын кайсы бир жеринен алданедей сыйкырдуу музыка тєгїлїп турганына, ушу кереги тиерде гана эске келер, падышаў да, башкаў да жєє барар жайда бул керемет кїнї-тїн дебей жаўыра берерине таў калган, бир туруп

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл

ЧЫЎГЫЗ АЙТМАТОВ (Сандан санга)

Тоолор кулаганда (КЫЗКАЙЫП)

Роман

кыжыры да кайнаган. Зарылдыктан улам барган, эл аягы їзїлбєйт экен, бири кирип жатат, бири чыгып жатат, бири заара ушатып, дагы бири ич бошотуп, артын аарчынып, кайсы бири какырынып-тїкїрїнїп дегендей, айтор, мында жакшы кєрїнїш деле жок, ошондой болсо да мында киргендердин урматына Вагнер же Шопен, болбосо єткєн замандын залкар таланттарынын улам биринин керемет музыкасы ойноп турат экен. Ушундай да болорбу, бок-жини кускуў келтирер канализация тїтїктєрїнє жогору жактан бир ажайып музыка тынымсыз тєгїлє берет экен. Ал мындай шумдугу жанды кїйгїзгєн, акылга сыйбас айла-амал менен жабдылган тейлєє маданиятына эстен тана таў калган да болчу. Мунусу кандай? Музыка деген Жаратканга жеткирер жалгыз жолдун єзї, жандїйнє ааламы го?! Бул ушундай, аны жаралгандын бардыгы билген, бирин бири тїшїнє алган, жарык дїйнєнїн жападан жалгыз тили ушул жана Жаратканга жан берип сыйынуу менен ага арналган ыйык махтал ырларын бу музыка жєн гана коштоп турбастан, ал дайыма бийиктикти эўсеткен, ага жеткирген бир касиеттїї учурда гана жаралчу, дїйнє кабылдообуздун чексиздигине чейин угулуп турчу керемет кїч экендиги бекеринен эмес. Адам баласы єзїн бїт музыкага берген кезде гана єзїнєн єзїн кєкєлєтє Теўирине жакындатат, анын артынан сая тїшїп, айла-амал менен алам деп жїргєн азезилдин азгырык башкаруусунан чыгып, ошо кезеўдерде адам эркиндигине жетип, бїт баарын билген кєзї ачык абалга жетет. А булардын кылганын кара. Аттигинин ай, Совет кезиндегидей «Даттануулар жана сунуштар китеби» бул жерде да болгондо ал мына бул беш жылдыздуу мейманкананын кожоюндарынын жетесин жетик таанытар єкїмїн жазып таштамак. Мына эми, ал єйдє кєтєрїлїп, мейманкананын далис-жайына барганда ой-санаасын удургуткан бул жагдай жайында тарса-турс айта салды эле, ошо замат таш тиштеп отуруп калды. Ийе, баягы жылдары, батыш им-

периалист- терине каршы элдешпес кїрєш жїргїзїїнїн жолдорун їйрєткєн Москвадагы комсомолдун жогорку курсунда окуп жїргєн кезинде жєндєп алган англис тили менен залкарлардын музыкасын дааратканадан жаўыртып кор- добоо керектигин айтты эле, андагылардан эгер сизге бул ажаткана жакпаса, анда башкасына барыўыз деген сылык-сыпаа, а бирок жаакка чапкандай жооп алды. Музыкага кумарын арта берилген бул єзї кээде та- маша-чыны менен эгер бала чагымда жылкы бакпай, музыкалык мектептен окуганымда азыр мен айтылуу композитор болмокмун, а бирок ушу азыр да дил- кєєнїмдєн єз алдымча обон чыгарып жїрєм, бирок мунун бардыгы єзїм гана їчїн. Кап, аттиў десеў, атайын билимим болгондобу деп калчу. Тагдырдын жазганын кара, турмушу басма сєздє, музыканын кїйєрманы, театр сынчысы катары макалалар жарыялап келет. Деген менен бул тарап деле тынч эмес, кашайтып капкан салгандар да болот. Ал жєнїндє ойлонуп кереги не. А бирок ал мынабу жерде гана, француздардын ак сєєктєрїнїн келгендердин чєнтєгїн кагар шарабы толо «Евразиядан» башка кайда бармак, ага ушул жер керек, анын дилоорусуна айланган арылбас санаа бу жайга айдап келгем, ошондон уламбы, же таза ичимдиктин кїчїнєнбї камы кызып, кєўїлї кєчїп, дїйнєсї жайнап отурду да, кагаздарын аўтарып жатып, ооба, жаандан кийинки козу карындардай жайнаган жазмакерлердин бири, болгондо да жининдей жек кєргєнї, негизи жалган атак-даўк їчїн жанын саткан жергиликтїї жазарман, аны айрымдар той-топурдун думанасы деп да жїрїшєт, кыскасы, ошол кейбир мунун музыка жана музыка маданияты жєнїндєгї бир маегинде айтылган пикирине кайрылып, каратып туруп как жїрєккє канжар уруп, кансыратып: «Кайра куруунун адашкан каркырасы - биздин музыка кїйєрманыбыз Арсен Саманчин асманда кыйкуулап жїрєт. Бир кезде ал Горбачевдун

тобунда каадалана канат какчу эле. Базар - замандын талабынан таала- йына таш тийген єзїнїн «Руханият» гезити аркылуу социализмди жандїйнє менен улам кыйла жаўыртуу керектигине, адамзаттын Кудайы маданият экендиги- не, айтор, дагы ушуга окшогондорго байма-бай чакырып турчу. Мына эми, ошо Горбачев кана да, оболоп учкан ошо куш-каргалардын катары кана?! Каўгыган кайран каркыра жандїйнєнїн эркиндиги жєнїндє, музыка тууралуу жазып, музыканы эркиндиктин жогорку чеги, ай-ааламдын сулуулугу, ошондуктан бизге мындан башканын кереги жок деп дагы эле кыйкуулап жатат. Баракелде, эгер музыка анын айтканындай болсо, он сегиз миў ааламда андан ашкан эркиндик да жок десек, анда аны ар ким каалаганындай, оюна туура келгендей пайдалана берсе болот экен да: кааласа минип алып чаап кетет, кааласа оўду-солду камчы урат, мейли, кїн кїркїрєп добул урсун, бїт бардыгын бир чатырдын алдына чогултуп алып, дїйнєнї тїгєл дал кылып, келгиле эле келгиле, бийлейли да, ырдайлы, кубанычка бєлєнїп, айкалыша алышып, дене кумар жыргалын бир кєрєлїк. Бизге ушул гана керекпи?! Эми биз музыканы каалагандай калчайбыз, альбомдорду, дисктерди жайнатып, элге сатабыз, а акчаны болсо мына биз, ай- буй дегиче акчага тунганды билген азыркы заман байлары аталгандар, чимирилтип жатабыз, ооба, бїт бардыгы ушундай, боорукер байкуш болгондон кєрє жаўы кыргыз байы болгон артык. Бизди эч нерсе токтото албайт. Жалпы элдин шоу-эстрадага акыл таштай арбалып тартылгандыгы кайдагы бир ыйык асылдыктардан, жанагыл классика-млассикадан, жана да фольклор-молклордон алда канча єйдє турат. А тигилер Єзїўєргє эле буйрусун. Бизге болсо бизнес-электрондук бакшылык керек. Эркиндик деген мына ушул, ал анткени жандуу ооруга жан берип, арбалаўдана кєтєрїлгєн жїз миўдеген колдор, чанактан чыга чакчыйган їкї кєздєр кїйїп, музыкадан жер кєчїп, кєк асманын боороондуу добулда калган токой сындуу ары-бери теўселет. Бїт дїйнєлїк электрондук музыка революўиясы жашасын! Керек болсо биз деген аба ырайып да єзгєртє алабыз!» - деп жазыптыр. Каргыш тийгирдин айтканын кара! Мындай калжыў сєздї эстебей ак койсо да болмок. Кєўїлї чєгїп, акылы азгандан улам алдындагы мєлтїрєгєн шарапты тартып ийди да, томсоро тїшкєн чєйчєгїн кайрадан толтургусу келгенде, анын столуна ресторандын кызматкерлеринин бири келип калды, сыртынан караганда официант эмес. Салабаттуу, бука моюнуна бу евросервиске таандык боз тїстєгї кєпєлєк-жагоо тагынып алыптыр, алкагы чоў кєз айнекчен экеп. Ал киши директордун єзї болуп чыкты. - Кечиресиз, сиз Арсен Саманчинсизби? деди да, анын алдына «Евразиянын» энбелгиси тїшїрїлгєн дарек кагазын койду. - Окей! - Адатынча шыр жооп берди. Ооба, мен Арсен Саманчиндин дал єзїмїн. Жаўылган жоксуз. А сиз «Евразиянын» шеф-директорусуз го? Ордуман бир аз обдула саламдашайын деген ойдо кол сунуп баратып:


СКАНВОРД

15

№ 114 • 6-февраль, 2015-жыл


16

СПОРТ ДЇЙНЄ

ЖУМГАЛДА ХОККЕЙ БОЮНЧА III АЧЫК ЧЕМПИОНАТЫ ЄТТЇ Адам аракеттенгенде кандайдыр бир натыйжага жеткиси келет. Жашоо бизге кїнїгє таштарды тартуулайт. Ал таштардан їй, кєпїрє же жол куруш єз эркибиз. Кааласак эч нерсе жасабай койсок болот. Бирок, келечек муун бизди ошол таштар аркылуу таанышын унутпайлы. Мына ошондой жїктї єз мойнуна алган элдин уулу, Жумгалдын кулуну Автандил мырза спорттук оюнду колдоп берди. Теўир тоодогу быйылкы хоккей боюнча республикалык 3-ачык турнири 31-январь жана 1-февраль кїнї болуп єттї. «Жумгал –Шортон», «Нарын-Дордой», «Ормон-хан», «Нуралы-аке», «Барчын», «Байзак» жана Чолпон-Ата (Жумгалдан 4 команда, Кочкордон 1, Нарындан 1, Ысык-Кєлдєн 1) командалары жалпы кєрїїчїлєргє кызыктуу оюн кєрсєтїштї. Турнирдин уюштуруу иштерине жана байге фондуна жалпысынан 600 миў сомдон ашык акча сарпталды. Анын 450 миў сомго жакынын суммага Кыргызстан Социал демократия партиясы жана коомдук ишмер, Жумгалдан чыккан таанымал ишкер «Автандил Кулбараков Юлдузович» атындагы фонд демєєрчїлїк кылып берди. Райондун акими Исагулов Адылгазы, Кара-Кече жана Миў-Кушта кємїр казган фирмалар жалпысынан 122миў сом чыгарышкан. Эки кїнгє созулган оюндун жыйынтыгында 3-орун їчїнчї беттеште Нарындын «Дордой Ала-Тоо» командасы Кочкордун «Ормон-хан» командасын 2:1 эсебинде утуп алды. Финалга Чаектин «ЖумгалШортон» командасы менен Миў-Куштун «Барчын» командалары беттешип, бирибири менен єтє катуу тирешти. Жалпысынан 40 мїнєткє созулган оюнда эки команда теў 4:4 эсеби менен теў чыкканына байланыштуу кошумча убакыт берилди. Анда да эсеп ачылбай калганда,

футболдун тили менен айтканда «пиналтиге», же хоккейдин тили менен айтканда «булитке» кезек берилип «Жумгал-Шортон» командасы «Барчынды» 4:3 эсебинде утуп чыкты. Бул финал Жумгалда 18 жылдан бери болуп келе жаткан хоккей оюну боюнча финалдардын эў кызыктуусу жана кєрїїчїлєрдїн бїйїрїн кызыткан финал болуп калды. Биринчи байге-50 миў сом, башкы кубок ар бир оюнчуга «алтын» медаль «Жумгал-Шортон» командасына ыйгарылды. Экинчи байге-30 миў сом жана «кїмїш» медалдары берилсе, їчїнчї байге-20 миў сом «Нарын-Дордой» командасына «коло» медалдары, тєртїнчї орун «Ормон-ханга» 10 миў сом ыйгарылды. Байгесиз калган оюнчуларга кызыктыруучу сыйлык берилди.

Автандил КУЛБАРАКОВ, КСДПнын мїчєсї, коомдук ишмер:

«ХОККЕЙ ОЮНУ БАШКА РАЙОНДОРДО ЖУМГАЛДАГЫДАЙ ЄНЇГЇШЇН КААЛАЙМ…»

- Жумгалда хоккейди биринчи жолу 1995-жылы Эркинбек Матыев байкебиз уюштуруп, баштап берген эле, балдар Чаектеги Шортон деген кєлдє ачык стадиондо ойношчу. 1996-1997-жылдары кар аз жаап, аба-ырайы жылуу болгондугуна байланыштуу хоккей оюну єтпєй калган. 1998-жылдан бери республикалык деўгээлде оюндар тынымсыз єтїп келе жатат. Кудай буюрса, хоккей оюнунун сапаты жакшырып, кызыккандар да арбын. Мен башка райондордо да хоккей оюну биздегидей деўгээлде єтїшїн каалайм. Себеби, хоккей оюну-чыныгы эркектердин оюну. Ал эми мындай мїнєз кыргыздын жигиттерине тїздєн-тїз таандык. Дегеле, бул оюн биздин мамлекетте єнїгїшї керек. Биздин хоккейчилер келечекте дїйнєлїк аренада ойноп, Кыргызстандын желегин желбиретишине шегим жок. Жыл сайын Жумгалдын эр-азамат жигиттери ушул хоккей оюнуна демєєрчїлїк кылууда. Бул саамалыкты башка колунда бар адамдар да колго алса, бул спорттун тїрї дагы да бара-бара єнїк-

кєн спорт оюундарынын катарына кошулмак. Мен да бир нече жылдан бери демєєрчїлїк кылып єз салымымды кошуп келем. Жергиликтїї эл жана сырттан келген коноктор абдан жакшы кабыл алып, ыраазычылыгын билдирип жаты-

шат. Кудай буюрса, кийинки жылда боло турган хоккей оюнуна єз салымыбызды кошо бермекчибиз. Самара САЛАМАТОВА

УРМАТТУУ ОКУРМАН! "АЙБАТ" гезитине жазылуу жїрїп жатат!

Жазылуу почта кызматын кошкондо:

- 1 айга – 49 сом 50 тыйын - 3 айга – 148 сом 50 тыйын - 6 айга – 297 сом 00 тыйын Жазылуу республиканын, бардык почта бєлїмдєрїндє чектєєсїз жїргїзїлєт.

СЇЙЇКТЇЇ ГЕЗИТИЎИЗГЕ ЖАЗЫЛЫЎЫЗ!

Жазылуу индекси: 68546 № 113 • 6-ферваль, 2015-жыл


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.