Айбат - коомдук-саясий гезити №107

Page 1

www.aibat.kg

КАРГАНБЕК САМАКОВ «КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЫНА» ТАТЫКТУУБУ?

redactor@aibat.kg •

Иттер аялдын баш сєєгїн кемирип кетишкен…

9

11

¹ 107 • 5-äåêàáðü, 2014

Талантбек Батыралиевдин маалымат каражаттарындагы калптары... 5

КЫРГЫЗСТАН ТУРИСТТЕР ЇЧЇН БЕЙИШ БОЛСО...

6

БАКИЕВДЕРДИН Тамак сиўирїї їчїн аш кєк же КАРААНЫНАН «КАГЫЛЫП» ТУРГАН УЛУГБЕК ОРМОНОВ

13

Канкор Бакиевдердин їй-бїлєлїк башкаруусу урап, 2010-жылдагы чыныгы Элдик революциянын болуп єткєнїнє туура тєрт жылдан ашты. Бирок, эски «шефинин» учурунда «гїлдєй жан» болгон жашоосун унута албай, экс- «акжолчу» депутат Улугбек Ормонов маал-маалы менен маалымат булактарына Бакиевдерди, ага кошуп Данияр їсєновду кыйытып мактамайын токтотпой келет. Баарынан кызыгы ал 2005-жылдагы март ыўкылабын революция атап, ал эми 2010-жылдагы 7-апрель революциясын тєўкєрїшкє айлантып койгондугунда болууда. Анын оюнча 2005-жылы март айында эл Ала-Тоо аянтына куралы жок келген, 2010жылы болсо курал менен барыптыр. Акаевдин заманы ураганга чейин саясат менен иши жок жїрїп, жыйырма жылдан ашуун бир эле «Дастан» заводунда иштеп келген Улугбек мырзаны Бакиевдин доору кєкєлєтє кєтєрїп, болгондо да туптуура эле парламенттеги «Ак жол» фракциясынын лидерлигине алып барып койгону Ормоновдун ємїр бою эсинен кетпейт єўдєнїп калды. Ошондон улам дагы куралы жок чыккан карапайым элди курал кєтєрїп чыккан деп каратып туруп калптын казанына от жагып атпайбы. Анан дагы кайсыл жерде ызы-чуу башталса ошол жерде Улугбек мырзанын кулагы кєрїнєт.

Жалаў Бакиевдин казанынан аш жеп калган саясатчыларды коргоо менен алек. Ташиев Ак їйдїн тосмосунан ашып тїшїп, аласын жыртып атса да аныкын туура дейт. Келдибековдун тарапташтары кан жолду айлап тосуп, жалпы кыргыз элинин турмушун оорлотуп атса дагы, кош колдоп колдойт. Эгерде єз элинин чыныгы патриоту болгон болсо элди мыйзамсыз кадамдарга тїртпєстєн, тескерисинче мыйзамды сыйлоого чакырат эле. Баса, ал єзї айтып кеткендей Бакиевдин дооруна чейин эле бутуна туруп алган. Бїгїнкї кїндє ага караштуу Ош шаарында соода комплекси, Єзгєндє рестораны, алардан тышкары дагы 2-3 компаниясы бар. Бул єзїнїн айтуусу боюнча гана. Демек, ага ошол маалда бир гана бийлик жетпей турган. Анан ал максатын Курманбек Бакиев жїзєгє ашырып бергени їчїн ушул кїнгє чейин ыраазычылыгын жашыра албай келатат. Бирок, эў башкысы ошол бийлик єз элине кандай камкордук кєрдї эле, єз элинин жашоосу їчїн кїрєштїбї, же єздєрїнїн їй-бїлєсїнїн кызыкчылыгы їчїн кїрєшїштїбї? Кыязы бул суроолор менен Ормонов ойлонуп да койбойт. Ал эми жогоруда єзї айткан байлыктарын дагы кандай жолдор менен тапканын бир єзї, анан Кудай билет. Балким укук коргоо органдары иликтеп кєрсє, иттин «єлї-

гїн» табышы да мїмкїн. Себеби ал коррупцияга шектелип камакка алынган Акматбек Келдибековду коргоо комиссиясын да тїзє калып, элибиз коррупцияга каршы кїрєшїї ниетинде турса, бул элге каршы аракетин жасады. «Карга карганын кєзїн чукубайт» демекчи, ал бїгїн Келдибековдун башына тїшїп турган кєйгєй эртеў єзїнїн башына да тїшїп калышынан чоочуркады окшойт. Акыры кимдир-бирєєлєрдєн колдоо алышы керек да? Баса дагы баса белгилеп айтып коючу нерсе, Улугбек мырза кримчєйрєсї менен да алакасы бар экендиги тууралуу буга чейин эле жазылган. Мындан бир-эки жылча мурун «Бишкек эйр» авиакомпаниясынын ээси, россиялык кылмыштуу топтун мїчєсї Алексей Янчуг Дубай сотунун чечими менен єлїм жазасына тартылганда Улугбек мырза» Кыргызстандагы «Бишкек эйр» - бул менин компаниям» деп барып анын Бишкек шаарындагы Киев жана Логвиненко кєчєлєрїнїн кесилишиндеги офисин ээлеп алганы тууралуу жазылган. Мына ушундайча крим чєйрєсї менен катыштыгы бар Улугбек мырза, канкор Бакиевдердин бийлигин сагынганды качан токтотоор экен деп элибиз жїрєт кїтїп. Болбосо, элдин нааразычылыгы чегине жетсе, Ормоновду Бакиевдердин артынан кууп жиберїїгє чейин барышы мїмкїн…

Ырым жырымдарга катуу ишенген кесип ээлери 14

Лунара МАМЫТОВА:

“Їмїт” деген жакшы экен...

8


2

АЙБАТ ПРЕСС

ЄКМЄТТЇ «УТКАН» УКУК КОРГООЧУ ГРАНТТЫ АКТАП АТАБЫ?

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу сотко кайрылуу АКШнын Мамдепартаменти тарабынан каржыланышы ыктымал. «Вести.kg» мурдата маалымдагандай, жарандык активист, «Прецедент» єнєктїк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов Кыргызстандын Бажы биримдигине каршы болуп, сотко кайрылган. Бишкек шаардык соту анын арызын эртеў карайт. - Єкмєт республикалык маанидеги маселенин коомдук талкууга коюлуп, жарандардын пикирин билдиришине тоскоолдук жаратты. Буга байланыштуу мен Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылгам, бирок ал жактан арызымды кабыл алышкан жок. Менин кызыкчылыгым бекемделбегенимди айтышты. Ал эми чындыгында документте бардыгы кєрсєтїлгєн, - деп маалымдады Токтакунов журналисттерге. «Вести.kg» мурдата кабарлагандай, америкалык донордук «Фридом Хаус»

уюму ар кыл долбоорлорду каржылаарын жарыялаган, алардын кєпчїлїгї єкмєттїк демилгелерге каршы болушу керек болгон. Кийинчерээк, Н.Токтакунов энергетикалык жаўы тариф боюнча Бишкек шаардык сотунан Энергетика жана єнєр жай министрлигин утуп алган. Энергетика министрлиги єз кезегинде жогорку инстанцияга кайрылган. «Жол картасына» каршы доо арыз «Фридом Хаустун» параметрлерине туура келет. Мындан улам, айрымдар жазгандай, биринчиси – экинчисин жабууга багытталган. Ушул жылдын 23-декабрында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирїї макулдашуусуна кол коюлар астында сотко кайрылышы бекеринен эмес. Укук коргоочунун єзїнїн айтымында, бул чоў саясатта угулбай калышы ыктымал, бирок, ал єзїнїн укугун толук пайдаланганга акылуу. Ошол эле маалда депутаттык корпуста Кыргызстандын аталган биримдикке кошулушунун максаттуулугун убакыт кєрсєтєт. - Бажы биримдигине кошулуудагы жыйынтыктар кандай болорун убакыт кєрсєтєт, - деди Жылдызкан Жолдошева. – Биз экономикалык жактан алсыз єлкєбїз. Ошондой эле жалаў гана кошуналар менен мамиле кїтїї менен чектелбеш керек. Биз алар менен дагы, алыскы єлкєлєр менен дагы кызматташууну єнїктїрїшїбїз абзел. Андыктан биз бул процесске кошулушубуз керек.

РФ ПРЕЗИДЕНТИ В. ПУТИН РФ ЖАНА КР ОРТОСУНДА ЕВРАЗИЯЛЫК ИНТЕГРАЦИЯНЫН ШАРТТАРЫНДА ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШУУНУ ЄНЇКТЇРЇЇ КЕЛИШИМИНИН РАТИФИКАЦИЯСЫН БЕКИТТИ

Россия президенти Владимир Путин 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында кол коюлган Россия Федерациясынын єкмєтї менен Кыргыз Республикасынын єкмєтїнїн ортосундагы евразиялык экономикалык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташууну єнїктїрїї тууралуу келишимдин рати-

фикациясын бекетти. Кыргызстан жана Россиянын президенттери Астана шарында евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында 1 миллиард доллар капиталы бар єнїктїрїї Фондун тїзїї тууралуу макулдашкан. Россия тарап кыргыз тараптын кєрсєтїлгєн тармактарга долбоорлорду реализациялоо їчїн бирдей їлїштєгї Фонддун капиталын тїзїї аркылуу каражат алуусун камсыздайт. Каражат эки жылдын аралыгында тємєнкї шарттарда келет: уставдык капитал 500 миллион доллар єлчємїндє, убактылуу алынган акчалардын кєлємї 500 миллион доллар. Буга чейин 21-ноябрда Мамдума евразиялык экономикалык интеграциянын шартында кыргыз-россиялык єкмєттєр аралык экономикалык кызматташууну єнїктїрїї келишимин ратификациялаган.

Редакциялык жамаат:

Гезит ээси:

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

№ 107 • 7-декабрь, 2014-жыл

Акинай АЙДАРОВА Рахатбек РЫСАЛИЕВ Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА Дамир ЭСЕНГУЛОВ Мирбек АСАНАЛИЕВ (0777 15 99 45 Нарын) Рыскїл ТЫНЫБЕК кызы (03943 43679 Ыссык Кєл)

Коммерциялык директор:

Бектур БАЙМОЎОЛОВ (0772) 16 11 00

АУДИТ БОЛБОЙ АЎГА ТЇШ Мен сиздерге кайрылуумдун себеби, ушул жылы 14-25 октябрда Республикалык эсептєє палатасы Маевка айыл аймагын текшерип кеткен, текшерїїнїн жыйынтыгы 218700 сом так жазылган эмес.Ким дер жегенин азыркы убакка чейин маалымат алалбай келебиз. Ушул акча кумга сиўгендей жок болуп жатат? Сєз башынан болсун “Ємїр Булагы Елена”(кыскартылып СООППВ) 20.03.2008 жылы чогулуштун токтому менен 23,50 тыйынга ар бир жаранга айына бекиген таза суу їчїн. Ушул суммага баардык чыгашалар камтылган. Бирок, айыл єкмєт 2013-жылы СООППВга 218700 сом эч негизсиз которулган. Ырааматылык СССР деген улуу державанын башчысы В.И Ленин айткан экен;-“страны могут управит даже кухарки”-мамлекетти ашпозчу деле башкара алат деп: Ошол ашпозчу Алиев Руслан Якубовичке окшош. Айыл башчысы болуп иштегенден бери колундагы чємїчї менен жерлерди аралаштырып, аралыштырып каалаганча сата берет, анан текшерип келгендерге деги койчу ким гана келген жок: прокурор район-

дук комиссия, ак їйдєн, эсептєє палатасы ж.б. качан бизге так жооп бере турган айыл єкмєткє жарыйбыз? Аламїдїн райадминистрациясына барсак Касымбеков Манас Рыскулович аппарат жетекчиси тозуп алды кєйгєйдї айтсак жардам бере албастыгын айтты. Бул адамдан сиздин негизги кызматыўыз кандай? Эмне иш менен алексиз деп суроо берсек .- “Эл менен бийликтин ортосундагы кєпїрємїн” деп тартынбай жооп берди. Бул кандай кєпїрє? асма кєпїрєбї? деп элдерден сурак жїргїзє бердик. Анда бир аттуу баштуу адам ошол кєпїрє болбой кара жерге кирсин. Айыл єкмєттєрїнєн акимге кошелек таштаган неме дейт. Бул сєздї укканда полковник экєєбїз бир мезгилде бири-бирибизге опокшош болуп тилибизди чыгарып алакандарды тарс чаап, андышкан бойдоктонуп туруп калыптырбыз. "Манастын атын жамынып алып,кошелек ташып жїргєн Манастын жолу болсун!"

Маевка коомунун жетекчиси Молдалиев К.Ж

КСДП ФРАКЦИЯСЫНЫН ЖАРДАМЧЫЛАРЫ МАЙЫПТАРГА КОЛДОО КЄРСЄТЇШТЇ

2-декбарда Жогорку Кеўештин КСДП фракциясынын депутаттарынын жардамчылары жана консультанттары Кыргыз Республикалык майыптар коомуна жардам кєрсєтїштї. «3-декабрь Эл аралык майыптар кїнїнє карата, КСДП фракциясынын жетекчиси Ч. Турсунбековго жардам бериўиздер деп кайрылганбыз, айтылган сєзїбїз жерде калган жок»-, дейт аталган майыптар коомунун тєрагасы Шїкїрбек Кучкачов. Бул кїнї фракцияннын катчылыгы менен бирге депутаттардын жардамчылары, консультанттары акча -каражат, китеп, дары дармектерден сырткары 100 кг азык тїлїк,

Веб-сайт: www.AIBAT.kg Электрондук каттар їчїн дарегибиз: redactor@aibat.kg Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

андан сырткары жаўы кийимдерди аталган коомдун мїчєлєрїнє тапшырышты.

Алар єзгєчє ыраазычылыктарын фракция лидери Ч. Турсунбековго жана депутат З. Алымбековго билдиришти. Эске сала кетчї жагдай Кыргыз Республикалык майыптар коому ал кездеги министрликтин указы менен 1989-жылы уюшулуп, республикалык бюджеттен каржыланып келген. 1992-жылдан баштап каржылоосуз калган. 22 миўдей мїчєсї болсо, алардын 3 миўдейи балдар. Коомдун республика боюнча 12 филиалы бар.

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №2829

Нускасы: 1500


БАА-БАЯГЫ

3

ООЗУ МЕНЕН ДЕМОКРАТИЯНЫ СЇЙЛЄП, КОЛУ МЕНЕН СЄЗ ЭРКИНДИГИН МУУНТКАН БЕЙЄКМЄТЧЇЛЄР Сєз эркиндиги дегенди – жалаў батыштын саясатын мактап-жактап, анын атаандаштарынын жїргїзгєн саясатын кєєлєп жазуу деген тїшїнїк менен алмаштырып алгандарын Кыргызстандагы Америкадан каржыланган бейєкмєт уюмдардын єкїлдєрї тастыктап чыгышты. Акыркы учурларда єлкєбїздїн Бажы биримдигине карай кадам таштоосу коомчулукта тїрдїї пикирлерди жаратып келген. Басымдуу бєлїгї ага кирїїнї туура деп тапса, айрымдары ага каршы чыгып келет. Албетте, муну сєз эркиндиги катары баалап, алардын каршылык аракеттерине эч ким эч кандай чара кєргєн жери жок. Бирок алардын дарегине карата айтылган сын макалаларга карата бейєкмєтчїлєр катуу чычалап, Кыргызстандагы сєз эркиндигине карата катуу чабуул жасай башташты. Маселен, буга чейин орус тилдїї «Дело №…» гезити жарыялаган «Оппозицияда Кыргызстанда бийликти басып алууга

даярданып атабы?» деген макала їчїн бейєкмєт уюмдардын єкїлдєрї Бурул Макенбаева, Динара Ошурахунова жана ЖК депутаты Равшан Жээнбековдор нааразы болушуп, ага карата чара кєрїї їчїн ММК їстїнєн даттанууларды кароочу комиссияга кайрылышкан. Бейєкмєтчї Бурул Макенбаева бул макалада «менин жарандык позициямды маскаралоо бар, жалган маалыматтар дагы бар» деген дооматтарын аталган комиссия тереў иликтєєгє алган. Жыйынтыгында эч кандай маскаралоону да, жалган маалыматты да таба алышкан эмес. Бул туурасында комиссия тєрагасы Шамарал Майчиев єзї билдирди. Макенбаева айым «жалган маалымат» деген бир тууганы Турат аттуу жарандын чындыгында эле АКШ Элчилигинде иштери аныкталган. Ал эми анын (Тураттын) Кыргызстанды Бажы биримдигине киргизбєє аракеттерин координациялап жа-

тышы мїмкїндїгї туурасында макалада аты-жєнї жашыруун сакталган эксперттердин оозу менен айтылган. Равшан Жээнбековдун «Менин жеке беделиме шек келтиришкен» деген дооматы боюнча комиссия азырынча тыянак чыгара элек. Бирок Шамарал Майчиев жеке єзї макаладан андай маанайды байкабагандыгын айтат. Бейєкмєтчїлєр сєз эркиндигин муунтуу аракетин ушуну менен эле токтотуп калышкан эмес. Андан кийин алар «Вечерний Бишкек» гезитине жарыяланган макала їчїн жогоруда аталган комиссияга кайрылышкан. Бул жолу Бурул Макенбаева башында турган Алмаз Алжанбаев, Марат Мусуралиев, Динара Ошурахунова, Алмаз Тажыбай жана Ильмар Касмалиев аттуу бейєкмєтчїлєр арыз жазышкан. Азырынча комиссияга тыянагын чыгара элек. Бирок, суроо туулат. Єздєрї адам укугу, сєз эркиндиги, демократия деген сєздєрдї лозунг ката-

ры кєтєрїнїп жїрїшїп, эми минтип сєз эркиндигине каршы чыгып аткандары кандай? Эгерде бул уюмдарды Америка каржылаарын эске алсак, анда Кыргызстандагы сєз эркиндигине каршы чабуулду Америка жасап аткан болобу?

7-АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯ КЇНЇ МАКСИМ РАВШАН БАБЫРБЕКОВИЧ МАМЛЕКЕТТЕН БАКИЕВ БИШКЕКТЕ БОЛГОНДО АТАСЫНЫН АЛГАНДАРЫН КАЙТАРЫП БЕРЕБИ? БИЙЛИГИН САКТОО ЇЧЇН КОЛУН КАНГА КОЧУШТАП МАЛБАК БЕЛЕ?

Кыргыз элинин тарыхында канкор бийликтин тукумдары катары кылымдарга кала турган Бакиевдердин ачылган сырларынан ачыла электери дагы деле кєп экендиги белгилїї болуп калды. Атасы Курманбек Бакиевдин башын чамгаракты айланткандай айлантып, бардык бийликти єз колуна чеўгелдеп алган Максим Бакиев 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте болбой калып, єксїгї ичинде калгандыгын кан досу Евгений Гуревич жар салыптыр. Тактап айтканда Филипп Шишкиндин «Тынч эмес єрєєн: Борбор Азиянын жїрєгїндєгї революция, єлтїрїї, интригалар» аттуу китебинде дал ушундай маалымат айтылат. Кєрсє китептин автору апрель революциясынан кийин Евгений Гуревичке жолукканда ал «Эгерде Максим (Бакиев) Бишкекте болгондо революция болмок эмес» деген оюн айткан экен. Демек, ал Максим Бакиевдин кандай адам экендигине толук ынанган їчїн ушинтип айтканын тїшїнсєк болот. Эгерде ал ошол кїнї Бишкекте болуп калганда агасы Жаныш Бакиевден ашып тїшїп, элди автомат менен эмес,

пулемёт менен кырууга да буйрук бермек окшойт. Демек, анда 90 бала эмес, андан бир нече эсе кєп мекендештерибизди жоготуп алмакпыз. Бийлик менен байлык дегенде адамдык касиетти жоготуп, адам ємїрї миллиарддаган байлыктардан, дїйнєнї башкарган бийликтен да жогору тураарын «жєєт» Максимчик кыязы таптакыр тїшїнгїсї келбей калган окшойт. Ал апрель революциясынан кийин дагы канкор агасы Жаныш Бакиев менен телефондон баарлашып, бийликти кайра алуу їчїн даярдык кєрїп атканын айтканы аудиожазуу аркылуу интернет булактарына чыгып кеткен болчу. Андан кийин деле Кыргызстанда калган єздєрїнїн «бакма» кадрлары аркылуу ар кандай аракеттерди кєрїп келишет. Эми деле андай аракеттерди жасоолору толук мїмкїн. Бирок, акыйкаттык, адилеттик їчїн єлїмгє тике караган элибиз Максим Бишкекте болгон кїндє дагы мындай канкор бийликти баары бир кубалап чыкмак. Буга Евгений Гуревич бєркїндєй эле ишене берсе болот.

Парламенттин 4-декабрдагы жыйынында эркин депутат, БОК лидери Равшан Жээнбеков мамбюджеттин 1/3 бєлїгї ички-тышкы карыздардын эсебинен куралгандыктан, президент, спикер, єкмєт башчысынын мамлекеттик резиденцияда жашап, бизнес-класста учушуна моралдык укугу жок деди. Анын мындай кезектеги популисттик кеби интернеттеги социалдык тїйїндєрдє кызуу талкуу жаратты. Интернет колдонуучулардын кєпчїлїгї: «Равшан Бабырбекович, анчалык апакай болсоўуз убагында мамлекеттен алган байлыктарды кайтарып бербейсизби? «Асыл Таш» пансионатын кайтарып бериниз?» дегендей пикирлерин жаадырышты. Ошол эле маалда анын маммїлктї калчап турган кезинде мамлекеттик ири 342 объектини менчиктештирип, баштан ашкан байлык чогултканы элдин эсинен чыга элек. Ошол маалда Равшанчик ушундай ойлонду бекен? Албетте жок. Ал кезде анын кєздєгєнї бирєє гана болгон, ал – мамлекеттин, элдин байлыгына суук колун салып, миллионерге айлануу.

Убагында коррупциянын ана башында туруп, эми элге акыл їйрєтїп, оппозиция лидери боло калыш Равшан Бабырбековичтин табигый жїзїн ашкерелейт. Кичине уяты болсо унчукпай шїк отурбайбы дейсиў. Же єзї кыялдангандай єкмєт башчысы же президент болуп, убагында уурдап-тоной албай калгандарын улантып, миллиардерге айланып, кєнгєн адатынча океандын ары жагына «дыр-р» койгусу келип атабы?

САЛАМАТ САДЫКОВАНЫН ЇЙЇН ТОНОП КЕТИШТИ Кичирайондордун биринде жашаган ырчынын їйїнє 2-декабрь кїнї белгисиз бирєєлєр кирген. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкованын їйїн тоноп кетишти. Кичирайондордун биринде жашаган ырчынын їйїнє 2-декабрь кїнї белгисиз бирєєлєр кирген. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен єздїк булактар кабарлашты. Кечинде ырчы їйїнє кайтканда эшиги ачылган бойдон калган. Уурулар сейфте сакталган 30 миў долларын алып кетишкен. Учурда тергєє иштери жїрїп жатат. Дамир ЭСЕНГУЛОВ

№ 107 • 5-декабрь, 2014-жыл


4

ЭКОНОМИКА

УЛУТТАШТЫРУУ ДЕГЕНДЕН АЛЫС БОЛСОК

Кумтєрдї” улутташтыруу демилгесин кєтєрїп жаткан ЖК депутаттары чындыгында эл аралык арбитраждык сотко бара турган болсок, чечим чыгарганга чейин эле бюджети эптеп-септеп кармалып турган Кыргызстан їчїн кандай оор болорун ойлобой жатышкансыйт. Ырасын айтканда, кыргыз єкмєтї муну абдан жакшы тїшїнєт. Себеби, буга чейинки сот процесстеринде адвокаттарды, юристтерди, котормочуларды жалдоо їчїн канча каражат кетерин абдан жакшы билип калышты. Бирок, аны жалпы коомчулуктан жашыруун кармагылары келет. Андыктан буга чейинки сот процесстеринде канча акча коротуп, натыйжасында утулууга дуушар болгондугубуз тууралу толук маалыматтарды берїїдєн тартынып келишет. Белгилїї жагы эл аралык ири компанияларда катардагы эле юристтин бир сааттык жумушу 300-400 доллардын тегерегинде бааланат. Компаниялардын бир сааттык жумушу – 500 доллардан єйдє.

Мисалга, 2009-жылы “Кумтєр” келишимин даярдоого катышкан юридикалык компаниянын бир сааттык жумушу 600 фунт стерлинг (долларга которгондо болжол менен 450-500 доллар) менен бааланган. Эл аралык сот процессинде бир тараптын кызыкчылыгын коргоо їчїн бир гана юрист эмес, бир нече юрист тартылат. Демек, ар бирине єз-єзїнчє тєлєєгє туура келет. Эгерде юрист кардарынын єлкєсїнє келсе, тартип боюнча ага толук бир кїндїн акчасын тєлєє шарт. Жолугушуулар, сїйлєшїїлєр, тїрдїї маектер, телефондогу баарлашуулар, сотко кат жазуу, документтерди иликтеп кароо, стратегияны талкууга алуу єўдїї жумуштардын бардыгына бир гана юристке жарым миллиондон єйдє доллар сарпталат. Бир гана мисалды келтирели – “Азия Универсал Банкына” байланыштуу эл аралык сотто кыргыз єкмєтїнїн кызыкчылыгын коргоого Winston & Strawn LLP юридикалык компаниясынын кызматын

колдонууга жалпысынан 1 миллион доллар каралганы маалым. Эгерде Кыргыз єкмєтї акыркы жылдарда эл аралык соттордо юридикалык компаниялардын кызматына короткон акчалардын бардыгын иликтеп-жиликтеп чыксак, єтє чоў сенсация жаралышы мїмкїн. Булар дагы эч нерсе эмес. Эгерде Кыргызстан “Кумтєр” маселеси боюнча эл аралык соттон утулса, єлкє имиджин жоготобуз. Дїйнєлїк коомчулук бизди эл аралык укуктарды сактоого умтулбаган єлкє катары кабылдайт. Инвестициялык климатыбызды талкалап, “Бейиши болгур инвестиция” деп єкїнїп отуруп калабыз. Ансыз да азыркы тапта Кыргызстан бир нече жолу эл аралык соттон утулуп, миллиондогон карыздарды мойнуна илип алган. Кече жакында эле Онтарио соту Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларын бир бєлїгїн убактылуу камакка алды. Мындай чечим «Stans Energy Corp» тоокен компаниясынын доо арызы менен болду. Кыргыз єкмєтї аталган компанияны 2014-жылдын жазында “Кутессай-2” сейрек кездешїїчї металл чыгуучу жайына берилген лицензиясын мыйзамсыз тїрдє алып салгандыгы їчїн сот аркылуу 118 миллион доллар доого жыгылган. “Манас Банкын” улутташтырабыз деп анын мурдагы ээси Валерий Белоконго Париждеги эл аралык соттун чечими менен 16,5 миллион доллар доого жыгылдык. “Ак кеме” мейманканасы боюнча тїрк компаниясына 11 миллион доллар карызыбыз бар. Булардан тышкары бїгїнкї кїндє эл аралык арбитраждык сотто Кыргыз Республикасына карата чет элдик компаниялардан бир нече доо арыздар бар. Алардын суммасы 920 миллион доллардан ашат. Мына ушулардын бардыгына эми “Кумтєрдї” улутташтыруунун кесепеттерин кошсок, Кыргызстан чыныгы экономикалык жактан кыйраган єлкєгє айланат. Бери дегенде 5-6 миллирд доллар компенсацияны карыз кылып мойнубузга илебиз. Мына ушул бизге керекпи?

ДЕКАБРДА КЇЙЇЇЧЇ ЖАНА МАЙЛООЧУ МАЙЛАРДЫН БААЛАРЫНЫН ПЛАНДЫК ТЄМЄНДЄЄСЇ КЇТЇЛЄТ, - Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясы Декабрда кїйїїчї жана майлоочу майлардын бааларынын пландык тємєндєєсї кїтїлєт. Бул тууралуу 2-декабрда Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, декабрда сурооталаптардын кєптїгїнє жана нефти єндїрїїчї заводду оўдоп-тїзєєдєн кийин иштетїїгє киргизїїгє байланыштуу орусиялык рынокто дїў баалардын тємєндєшї болжолдонууда. «Ошондой эле нефтинин арзандашы боюнча фактор иштей баштады. Ушул жылдын 30-ноябрынан № 107 • 7-декабрь, 2014-жыл

баштап АИ-80 їлгїсїндєгї бензинге баа 0,5 сомго арзандады, жайкы дизелдик отун — 1 сомго, ал эми кышкысы - 3 сомго тємєндєдї.Тємєндєєнїн экинчи этабы 15-декабрда болжолдонууда, бирок бул жерде валюта курсунун єйдє-тємєн болушун да эске алуу керек», - деди Ассоциация президенти. М.Керимкуловдун айтымында, 2014-жылдын 11 айында Кыргызстанга жалпысынан 1 млн. 81 миў тонна нефти импорттолгон, анын ичинен 577 миў тоннасы – бензин, кїйїїчї май – 504 тонна. «Ички рыноктун керектєєсї 1 млн. тонна деп эсептесек, план 150-200 тоннага

ТАМЧЫ КАБАР Ïàðëàìåíò Áàæû áèðèìäèãèíå áàéëàíûøêàí ìûéçàìäàðäû òàëêóóëàï æàòàò *** Èñëàì ºí¿êò¿ð¿¿ áàíêû 10 ìëí. äîëëàðëûê æàðäàì áåðåò *** Îðóñèÿ óáàäà êûëãàí êóðàëäàí äàéûí æîê *** Ìàìêûçìàòêåðëåð êûðãûç òèëäåí ñûíàê òàïøûðäû *** Êûðãûçñòàíäà 30 ìè¢äåé áàëàãà æºëºê ïóë áåð¿¿ òîêòîòóëäó *** Òàæèêñòàíäà èðè ºë÷ºìäºã¿ ìà¢çàò ìåíåí êûðãûç æàðàíû êàðìàëäû *** ªëêºäº 18 æàøêà ÷åéèíêè ìàéûïòàðäûí ñàíû 26 ìè¢ãå æåòòè *** Ìåëèñ Ìûðçàêìàòîâãî ýë àðàëûê èç人 æàðûÿëàíäû *** Êàçàêñòàíäà êàðìàëãàí ê¿é¿¿÷¿ ìàé îðäóíàí æûëà ýëåê *** Êûðãûçñòàí êèéíêè æûëû Áàæû áèðèìäèãèíå òîëóê ì¿÷º áîëîò *** Ýë àðàëûê ñîòòîðäî ºëêº êûçûê÷ûëûãûí êîðãîîãî 135 ìèëëèîí ñîì êàðàëóóäà *** Êûðãûç æàðàíûí ºçáåê ñîòó îí æûëãà êåñòè *** Æûë áàøûíàí áåðè ìàìêûçìàòêåðëåðãå 306 êûëìûø èøè êîçãîëãîí *** Òàæèêñòàíäà Ñèðèÿäàãû ñîãóøêåðëåðãå êîøóëóóíó êºçäºãºí 46 êèøè êàðìàëäû *** Èðàí, Êàçàêñòàí æàíà Ò¿ðêìºíñòàí ïðåçèäåíòòåðè æà¢û òåìèð æîëäó à÷ûøòû *** Ëóêàøåíêî Îðóñèÿíû Áàæû áèðèìäèãèíèí ýðåæåëåðèí áóçäó äåï àéûïòàäû *** Èðàí "Èñëàì ìàìëåêåòèíå" àáàäàí ñîêêó óðäó *** Åãèïåòòå 188 êèøè ºë¿ì æàçàñûíà ºê¿ì êûëûíäû *** Óêðàèíàíûí æà¢û ºêìºò¿ æàêòûðûëäû ***

ашыкча аткарылып, єлкє нефти менен толук камсыздалды десек болот», - деди ал. Акмат РААТКАН

Óêðàèíàíûí ÷ûãûøûíäà òûí÷òûê êåëèøèìè êàéðàäàí áóçóëäó ***


5

КАПЫРАЙ КАНТЕТ

ЖАЎЫ МИНИСТР ТАЛАНТБЕК БАТЫРАЛИЕВДИН МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНДАГЫ КАЛПТАРЫ... Єткєн замандын эрке уулдарынан арылса эле, Кыргызстандан коррупция менен тааныш-билиштик кошо кетчїдєй элестетип жїргєн мезгилде ханзаадалар отурчу тактыга бир «шопур» келди деген каўшаар 2010-жылдан бери тынбай айтылып келет. Деги ушу Кокон бийлигин кєрїп калган элдин канында барбы, айтор «хан» аталгандын жанында «єзїн єзї билчї, єтїгїн тєргє илчїсї» кошо жїрєєрїн коомчулук анча деле жаўылык катары кєрбєй калышты. Анткени, азаман ушундай... Эми кеп учугу ким жєнїндє жїрїп жатканын окурман айтпаса деле тїшїнїп тургандыр. Биздин тєбєлдєрдє чиновниктердин ордун алмаштыруу вазыйпасы тээ Акаев доорунан бери кайталанып эле жїргєн маселе. Ага деле таў калбай калган биздин эл. Азыр ал расмий кыскармак турсун ого бетер кїчєп турган мезгил. Айрыкча министрлерге калганда. Жаўы министр алты ай гана иштеп калган заман болду. Баягы парламенттин трибунасынан кайсы бир депутат айткандай, жаўы креслого отуруп эми иш баштайын деген чиновник бул кызматка эмнеге келгенин тїшїнїп-тїшїнє электе, аны кызматтан алып салып жаўысын издеп калмай... Кыскасы, галстук тагынганды билгендердин баары эле министрлик креслого отуруп чыгышты кєрїнєт. Жакында эле жаўы министрлик креслолордун ээлерин ант бердирттик. Булар дагы жазга чейин иштеп турушса, кудай кааласа, «шопур» акабыз дагы бир айласын табар деп турук. Кыргызстандагы бийлик баскычтарына акыркы мезгилдерде тап-такыр эле орусча айтканда, «невозможный», «недостойный» адамдарды алып келїї коомчулукту деле таў калтырбай калды кєрїнєт. Айта кетсек, ырчысы да министр болду, сахнадагы актеру, режиссеру деле болуп атат. Унчусу, койчусу, кыскасы кимдер гана креслодо отуруп, чартаўбай тээп кетип жатышат. Эми калпы башынан ашкан Батыралиевдин жоруктары массалык маалымат каражаттарында козу карындай жыбырап чыкканына карабай, Саламаттыкты Сактоо министри кылып, аны алып келдик. Калп демекчи, тээ илгертен ата-бабаларыбыздан калган «Калптын казаны кайнабайт» деген макалы бар эмеспи. Калптын казаны ошол кезде эле кайнабай калбаса, азыр жолдоштор кайнайт экен. Биз ушуга єтє айран таў калдык. Мына кайнаган їчїн каратып туруп калп айтып аткан, болгондо да массалык маалымат каражаттарында атактуу, улуу инсандардын эле сєзїн жокко чыгарып, ашкере мактанып келген адам кресло кучактап отуруп калбадыбы. Маалымат булактарына кєз чаптыра турган болсок, (http://presskg.com/ alibi/14/1021_11.htm), Талант Батыралиев акыркы кездери Тїркиянын бир клиникасында иштеп жїрїп анан келди. Аны менен бирге президенттин кеўешчиси Фарид Ниязовдун бир тууган карындашы иштейт экен, анан ал аркылуу Ниязовго чыгыптыр" деген узун сєздєрдїн учугу азыр деле басылбай келет. Ба-

тыралиев медицина тармагында 80-жылдары аралашып, Кыргызстанга эмгегин 3-4 жыл гана арнаган, кардиология институтунда Миррахимовдун кол алдында катардагы кызматкер болуп иштеген кадр. Ал мекемеден ызы-чуу менен кеткен. Ошол учурда иштеген кызматкерлер аталган институттан кымбат баалуу медициналык "Polaroid" пленкасы жоголуп, сыйпалап таппай калышканын, Миррахимов єзї башында туруп комиссия тїзїп, иликтеп келгенде кїнєєлїї деп Батыралиев табылып, анан Миррахимов "єзїў арыз жазып кетесиў же милициянын колуна салып берем" деп иштен айдап чыккандыгын, анан медицина тармагында бизнес кылып, чет єлкєлєп кеткендигин жазып чыгышкан. Аны «Вечерний Бишкек» гезитинин 2007-жылдын 20-сентябрындагы №180 (9352) санында Нина Ничипарова белгилїї хирург Мирсаид Мирахимов менен болгон маеги тастыктайт. Ошол обзацты сєзмє сєз келтирсек: «Н.Н: -Мирсаид Мирхамидович, министр здравоохранения сказал, что он предлогал вам назвать кандидатуру и.о. дироектора. М.М: - Я предложил ему своего замистителя, профессора, прекрасного специалиста и порядочного человека Айнагуль Джумагулову. И пожалел об этом. Отношение к ней изменилось в худшую сторону. Н.Н: - Приоткройте тайну, кто присмотрел себе это кресло? М.М: - А это уже ни для кого не секрет. Метит в это кресло бывший наш сотрудник, который уволился несколько лет назад после неблаговидного поступка. Мына Батыралиевдин бир калпы, анан дагы кардиологиядан Тїркияга эмне себептен кеткени тууралуу, «неблаговидый поступкалары». Парламенттин трибунасында 120 эл єкїлїнє жана жалпы коомчулукка эмне деп калп айтты, ошол кезде директор болуп турган Мирсаид Мирахимов менен болгон мамилеси абдан сонун болгонун саймедиреген. 5-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында саламаттык сактоо министрине Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги сунушталып жаткан учурда "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Майрамкїл Тиленчиева учурда маалымдоо каражаттарына талапкер жєнїндє жаман дагы жакшы дагы пикирлер айтылып жаткандыгын билдирип, анын чын тєгїнїн сурап кызыкты. "Айтыўызчы, Мирахимов атындагы улуттук кардио-

логия жана терапия борборунан эмнеге кетип калдыўыз.",- деди ал. Бул суроого Батыралиев минтип жооп берип атат: "Мен Мирахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунда иштеп жїргєндє алар менен эч кандай пикир келишпестик болгон эмес. Ал жактан єзїмдїн билимимди жогорулатуу максатында кеткем. Мына министрлик босогонун алдындагы калптын алгачкы баскычтары. А жогорудагы интервьюда М.Мирахимов айтып жатпайбы, кандай болгонун. Эми «Чазов менин окутуучум болгон» деген калпка келсек. Белгилїї сайттардын бири «Акипресс» жана «forum.roza.kg» ге 2012-жылы Талант Батырлиевдин берген маегине таянсак, журналисттин «- Как Вы сами думаете, в чем секрет Вашего успеха?» - деген суроосуна: … «-я представляю отличную школу кардиологов – А.Л.Мясникова, вырос под руководством знаменитых академиков: Е.Чазова, Ю.Беленкова, К.Тернового, М. Вихерта, Н.Мухарлямова, А.Сметнева, И.Шхвацабая и Г.Арабидзе, А.Самко - почти весь список корифеев, имею поддержку специалистов крупных головных учреждений мира (Американс-

кая коллегия кардиологов, Общества инвазивной кардиологии, Американская ассоциация кардиологов)» - деп жооп бериптир. Ал эми жогорудагы 2007-жылдын 20-сентябрындагы №180 (9352) санындагы «Вечерний Бишкек» гезитине М. Мирахимовдун берген маегин карайлы: - «Талантбек Батыралиев, который считает себя учеником Чазова и причисляет себя к пятерке лучших кардиологов мира. Хотя, насколько я осведомлен, академик Чазов пояснил, цитирую: «Четко оценивая вклад в создание своей кардиологический школы, я должен отметить что Батыралиев не являеться непосредственным моим учеником. Ничего не могу сказать и о первой пятерке кардиологов мира, учитывая, что такую градацию специалистов-профессионалов еше никогда не проводили, уверен, и не будут проводить» деп салыптыр. Мынакей калптар кайда жатат. Биздин министр єткєн тарыхынын баарын жокко чыгарып, жалпы коомчулукту алдады. Мындан сырткары, Батыралиев минстрлик креслого келе жатканда, «Тїркиядагы "сани Конукоглы" атындагы медициналык борбордо жетекчилик кызматта иштеп жатат" деген рекламаны атайылап тараткан. Мындай маалыматка кызыккандар бул жактан атайын кат жазып (запрос), сурамжылоо кылгандар да болбой койгон жок. Сурамжылоонун жыйынтыгында Батыралиев ал жакта андай кызматта иштебептир. Ал жєн гана ошол клиникада консультант кызматын кылаары анык болду. Айта берсе кыскасы, жаўы министрдин калптары башынан ашып, босогону аттай элек жатып элди алдаганы менен эсте калды. Эгерде, чиновниктик посттордо кандай адамдар отурат деген реклама жарыялап кала турган болсок, маданият министрлигинин креслосу ырчыларды жана режиссерлорду, ак їйдєгї билермандыкка шопурларды, кєк їйгє «обещалкиндерди», ал эми, Саламаттыкты Сактоо тармагына калпычыларды тандайбыз деп коер элек. Жумаш НАЗАРОВ

№ 107 • 5-декабрь, 2014-жыл


6

ЭМНЕ ДЕЙТ ЫЯ?

СЄЄК КЄМЇЇ КЫЗМАТЫН КЄРСЄТКЄН САЙТ АЧЫЛДЫ Бишкек ишканасынын жетекчиси Болот КАРАМУРАТОВ: - “Мусулмандарды жана христиандарды кємїї їчїн экиге бєлїнгєн. Андан сырткары салттуу эмес динди тутунгандарга, тек-жайы аныкталбай єлгєндєргє, медициналык жана биологиялык таштандыларга да атайын жай берилет. Долбоордо ошондой эле сєєктїї кїйгїзїї тїрї да каралган, аны ишке ашырууга азыр ара-

Бишкек муниципалдык сєєктї кємїї кызматын кєрсєткєн ишканасы сайтын ачты. Шаарда 44 гектардан турган жаўы кєрїстєн ишке бериле баштады. Ал толук курулуп бїтпєгєнїнє карабай мэрия четинен бере баштаарын билдирди. Ал эми сайт аркылуу кепин, кєр казуу, кємїї, табыт заказ кылса болот. Андан сырткары Бишкектен алыстагылар сайт аркылуу жакындарынын кєрїстєнїн кєрїп тура алат.

Бишкекте кєптєн бери курулушу жїрїп жаткан жаўы кєрїстєндєн жер бериле баштады. Шаар мэриясына караган Гроздь айлындагы 44 гектарлык кєрїстєндї акчанын тартыштыгынан да берїїнї кєздєп жатышат. Ал жер тууралуу єлїк кємїї кызматын кєрсєткєн Бишкек ишканасынын жетекчиси Болот Карамуратов айтып берди.

Сєєк кємїї кызматын кєрсєткєн

кет кылып жатабыз”, - деди Карамуратов. Бишкекте жылына болжолдуу 2000 киши каза болот. Денени кємїїгє жердин тартыштыгы бир нече жылдан берки маселе. Шаарга караган беш кєрїстєн болсо,

учурда Тїндїк, Достук жана Дунган кєрїстєндєрї толуп калган. Ала-Арча жана Тїштїк-Батыш кєрїстєндєрїнєн гана жер берилїїдє. Грозддогу кєрїстєнгє 2010жылы жер бєлїнгєн. “Ага каражаттын биринчи бєлїгї - он миллион сом гана берилген, калганы эми чечилет”, - дейт Болот Карамуратов. Єлгєн кишини шаарда айыл жериндегидей єз алдынча кємїї оўой эмес. Кємїї кызматын кєрсєткєн ишканаларга кайрылууга туура келет. Бишкекте андай ортомчулардын кєп экени айтылып келет. Расмий иш алып барганы їчєє, экєєсї жеке менчик. Мэрияга караган ишкананын кызматы тууралуу жетекчиси Карамуратов буларды билдирди: “Шаар жеринде бизге сєзсїз кайрылыш керек болот. Кєр казуудан баштап, жол акысы, кепин, христиандарга табыт, крест беребиз. Баары биригип кеминде 8-10 миў сомдун тегерегинде болот”. Аталган кємїї кызматын кєрсєткєн ишкана интернет сайтын ачты. Эми зарыл болгондор ал жактан заказ кыла алышат. Кызматкерлер алыста жїргєндєрдїн кайрылуусу менен жакындарынын кєрїстєндєрїн тазалап, оўдоп-тїзєп берет. Тууган-туушкандары анын сїрєтїн сайттан кєрсє болот. Би-би-си

КЫРГЫЗСТАН ТУРИСТТЕР ЇЧЇН БЕЙИШ БОЛСО... Сиянь шаары, Кытай. Император Цинь Шихуандинин мавзолейинен табылган аскерлердин чоподон жасалган айкели. Сїрєттє блоггер Улукбек Омокеев. Капырай, эр жетсем да эс кирбеди, Балалык сезимиме кеч кирбеди. Кыялдар кєп нерсеге жеткирсе да, Кыялдар а кєбїнє жеткирбеди. Жоктур эч кыялданбай тура алмагым, Оюмду чын дїйнєгє бура албадым. Ээрчитет, азгырат да, алаксытат, Эх, менин кыялдарым, кыялдарым. Ыр жандуу адамдар ушундай болобу дейм. Башкаларды билбейм, мен аябай кыялкечмин. Ээн боло калсам эле кыялдарым чабыттап, жашап жаткан дїйнєдєн чыгып кетем. Бир кезде дїйнєнї кыдыргым келчї. Бирок тїп кєтєрє кыдыра элекмин. Бирок эки жолу чек араны кесип єтїп, Кытайда, Тїркияда болдум. (Айрымдар їчїн мааниси деле жоктур. Мен їчїн маанилїї жагдай). Бул эки єлкєдє болгонумдан бери “Єнїккєн Кыргызстан” тууралуу мурдагы кыялдарым жєпжєнєкєй болуп калды. Дагы бир-эки єлкє кыдырсам азыркы ойлорум деле жєнєкєй болуп калар. Ошентсе да, биртике эрке кыялдарым менен бєлїшкїм келип турат.

МЕЙМАНДОС БОЛСОК... “Кыргыз эли меймандос, конок пейил элбиз”. Ушул сєздї кєп айтабыз. Чынында ушундай. Бала кезде апам бизге бербеген таттууларын конокко коюп, тоок, їндїгїн конокторго союп берчї. Жайлоодо бєтєн журтка мал издеп барсаў, ”кирегой эле кирегой” деп їйгє киргизип, кымыз беришчї эле бейтааныш жеўелер. Кеч калсаў “конуп кет” дечї агалар. Бейтааныш жеўелердин, энелердин, агалардын берген тамагы эмес, жакшы мамилеси жанды эргитчї. Канчалык алыс жактан келсеў,

№ 107 • 7-декабрь, 2014-жыл

басып келмек эмес. Бул жерде єз їйїўдє жїргєндєй жїрєт экенсиў. Биздин эл да илгеркидей меймандос болсо... Чет элдиктерди жакшы мамиле менен кїтїп алсак... дааратканаларды, тамактанчу жайларды, мейманканаларды, эс алчу жайларды чет элдиктер їчїн сонун кылып жасап койсок... Эч бир чет элдикти алдабасак, тонобосок... Жардам сураса аябасак... Анан алар алар жакшы тейлєєбїз їчїн акча ташташмак. Ыраазы болуп башкаларга да айта бармак. Туристтер Кыргызстанга кєп келмек. Чет жерден кирген ар бир доллар элдин жашоосун жакшыртмак...

МЕКЕНЧИЛ БОЛСОК... ошончолук сый кєрчїсїў. Мунун баары айылдарда эле экен кєрсє. Шаарда акчаў болсо даамдуу тамак жейсиў, жылуу тєшєккє жатасыў. Эми жашоо ушундай дегилечи. Бекер эч нерсе жок. Ар кимге эле тамак берип отурсаў єзїўє не калат? Ошо акчага саткан тамагыўды да жаркыраган кабак, жылуу мамиле менен берсеў, тиги мейман бекер алгандай эле болбойбу. Мейман дегеним - булар чет элдиктер. Кытайда алдыўа їйрїлїп тїшїп, бїк тїшє ийилген эле адамдар. Тим эле тууганыбыздай мамиле кылып жатышты. Бирєє келип “мышыгыбызды пыш” деген жок. Бир нерсе сурасаў жаўсап атып, жандили менен жардам беришет. Кытайлар укмуш сонун эл турбайбы деп ойлоп калдым. Бир чоў музейде шерик балам экєєбїз жаўсап атып даараткана сурасак, тиги кытай ээрчитип барып кєргєзїп койду. Биз болсо ушу ажаткананы да киши сурайбы деп кекээрленер белек. Баса, дааратканалары укмуш. Таза, тыкан. Булардын баары коноктор їчїн жасалган. Эми музейге бекер кирбейсиў да.

“Эшегин сугарып, пулун ал”, - деген ушул. Тїркиянын кичинекей шаарындамын. Эрзурум шаары. Оштун элинче эл жашаганы менен чет элдиктер кєп. Айрыкча окууга келгендер. “Мераба”, “Насылсыныз”, “Чок тешекїрлер” деген эле тїрктєр. “Кыргыз кардешим” деп колуўду бекем кысып учурашат. Мени эле эмес, арабына, индусуна, татарына деле ошентип мамиле кылып жатышты. “Паландокен” лыжа базасына татар досум Рузаль экєєбїз барып келдик. Жол сурасак тїрк туугандар (тууган деп калат экенсиў, жакшы мамиле кылса) жан дили менен тїшїндїрєт. Биз менен сїрєткє тїшїштї. Бир кїн кечке тоодо жїрїп, арып-чарчап келе жатсак бир тїрк машинесине салып алды. Жєн жай сураштык. “Кардешлерим” деп бизди мейманканага чейин бекер таштап койду. “Кафеге отуралы силер кеткиче”,- деди. Эгер тїрктєр айрым кыргыздарга окшоп (кєп эле угуп, окуп, кєрїп да жїрєбїз) тоноп, шылдыўдап, алдап кетип отурса бир да чет элдик студент Тїркияга

Кытайда бизди коштоп жїргєн студент Иван (алар єздєрїн КМШдан келгендерге ушинтип тааныштырышат экен) “Силерде Кытайды билишеби? Кытай їчїн кандай ойдосуўар? Биздин эл жакшы ээ?” деп сурап жатты. “Биз, студенттер кєбїнчє мамлекетке бекер иштеп беребиз. Мисалы, мен каникулда силерге кытай жерлерин тааныштыруу їчїн ыктыярчы болуп иштеп жатам. Бул мен їчїн сыймык”, - деди. Жанталашып маданиятын, тарыхын, кунг-фу єнєрїн бизге їйрєтїп жатышты. Кытай улуу эл, маданияттуу, єнєрлїї эл экенин далилдєєгє аракеттеништи. Кыскасы єлкєсї їчїн жаштары жанды берїїгє даяр экен. Тїрктєрдї айтпагыла. Патриоттуулугу жагынан алдына адам салышпайт. Ошто Кыргыз драма театрында єткєн бир ишчарада єздєрїнїн гимнин тєрт тїрк залды жаўырта ырдаганда эле таў калгам. Зал толо кыргыздар биздин гимн жаўырганда тєрт тїркчє боло албай калганбыз. Тїркияда болсо желектерин кабинетине, машинесине илип алышкан. Айрыкча ма-

(Уландысы 11-бетте)


7

ИНСАН

Орустун тилин тапкан ШАБДАН БААТЫР Замана кандай кары, кандай кереў, Закымдап учкан сайын тїбї тереў, - деп улуу акын Алыкул Осмонов жазып кеткендей, элибиздин сандаган кылымдарды камтыган байыркы тарыхында биз баркына жете баалап, ойдогудай изилдеп чыга элек нечен бир орошон инсандар, баатырлар, аты унутулуп кеткен залкарлар дале болсо кєп. Кыргызстандын кєрїнїктїї мамлекеттик жана саясий ишмери Шабдан Жантай уулунун кыргыз элинин єз мезгилинде тєбєсї кєрїнгєн чыгаан инсандарынын бири болгону жалпыга маалым. Анын кыргыз тарыхында жасаган иштерине, сиўирген эмгегине жараша єз орду жана салмагы бар. Тектїї жерден чыккан, кєп кырлуу таланты бар бул адамдын саясий бейнеси, саясий жана коомдук ишмердїїлїгї, адамдык касиеттери изилдєєчїлєрдї єзїнє тартып, кызыктырып келет. Бїгїн биз силерге биздин баатырыбыз болгон Шабдан Жантай уулу болмокчу.

ШАБДАН БААТЫР Шабдан адам катары, инсан катары єтє кєп кырдуу, єтє индивидуалдуу киши болгон экен. Бир чети атагы алыска кеткен баатыр, орустун тилин таап сїйлєшє билген дипломат, экинчи жагынан берешендиги, колу ачыктыгы жагынан чыныгы легендага айланган айкєл адам болуптур. Бир жолу астындагы атын кармата берип, їйїнє жєє келгени азыркыга чейин аўыз болуп айтылып келет. Ошону менен бирге жети атасына чейин єўчєй манаптардын тукуму болгон Шабдан орустун тилин эртерээк таап, элге-журтка колунан келген жардамын берген дипломат киши болуптур. Ошол кездеги орус администрациясынын єкїлдєрї жазгандай, баатырдын їйїнє ондогон эмес, жїздєгєн адамдар кирип-чыгып, тамак ичип, даам сызып, жардам алып, кеўеш сурап, Шабдандын Чоў-Кеминдеги жана Пишпектеги орус стилинде салынган їйлєрїндє эч качан киши аягы їзїлчї эмес экен. Себеби баатырдын негизги жашоо принциби - элден алганын элге берїї экен. Шабдан баатырдын жашоосу, ємїрї кыргыз элинин кыйын кезеў, оош-кыйыш мезгилине дал келди. Кыргыз урууларынын Кокон хандыгы менен болгон татаал мамилеси, тагдырды тандоо, келечекке карата єнїгїїнїн багыттарын аныктоо же Орусиянын курамына кирїї процесси, феодалдык бытырандуулук же кыргыз урууларынын ыркы келишпей кырдыбычак мамиледе болуп жашашы, биримдиктин жоктугу жана башка ушул сыяктуу олуттуу маселелер Шабдан баатырдын ємїрї єзїнчє эле бир роман, болгондо да баш кєтєрбєй окуп чыга турган роман; анын тарыхый инсан катары, саясий лидер катары ємїрї жана тагдыры ал жашаган доор сыяктуу єйдє жана ылдый, карама-каршылыктарга абдан бай. Шабдандын биографиясында чыныгы баатырлык да, кєп нерсени алдын ала кєрє билгендик да, ошону менен бирге орустун зордукчул колониалдык бийликтерине єтє эле жакындык, берилгендик, ыксыз компромисс да жок эмес. Башкача айтканда, чоў тарыхтын калыс таразасына салып карай келгенде Шабдан баатыр тууралуу жалаў гана оў пикир, же жалаў гана терс пикир айтуу эч бир мїмкїн эмес, себеби

анын адам катары, инсан катары таржымалы ХIХ кылымдын экинчи жарымындагы улуттук тарыхыбыз кандай татаал, карама-каршылыктуу, азаптуу жана тозоктуу болсо, кудум ошондой. Кыскасы, Шабдан Карабек уулу атактуу бабасы Атаке баатыр сыяктуу эле баары бир орус бийлиги Орто Азияга келээрин, келечек заман Кокондун артта калган феодалдык бийлигиники же Цинь империясыныкы эмес, Орусиянын заманы экенин алдын ала сезген жана билген деп эсептєєгє болот. Бул анын лидер катары, саясатчы катары кыргыз элинин тарыхындагы єтє маанилїї ордун жана салмагын аныктап турат.

ЄМЇР ЖОЛУ Шабдан баатыр 1840-жылы ЫсыкКєлдїн кїўгєй Ак-Сууга жакын ТуюкБулуў деген жеринде туулуп, бирок ємїрї Чоў-Кеминде жана Пишпекте єтїптїр. Шабдандын жаштайынан эле тири карак чыгып, Жантайдын башка балдарынан бєлїнїп тургандыгын кєптєгєн булактардан байкоого болот. Атасы аны ар тараптан бышырып, турмуштагы кыйынчылыктарга кєндїрїї максатында беш жашында койчулукка берип, тогуз жашында кайра колуна алган экен. Анын жоокер катары, лидер катары, саясатчы катары калыптанган жана жетилген учуру Кокон хандыгы бара-бара ыдырап жана талкаланып, Орусиянын опсуз зор империясы Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да колониалдык бийлигин орното баштаган мезгилге туура келиптир. Бирок атактуу замандашы Курманжан даткадан, Калыгул олуядан, ак таўдай акын Арстанбектен айырмаланып, Шабдан башынан эле орусчул, башынан эле Кокон бийлигине душман адам болуптур. Канында сарбагыш уруусунан чыккан айтылуу Тынай бийдин, Атаке баатырдын, хан Жантайдын каны бар, илгертен кыргыздын эл бийлеген манаптарынын тукумунан чыккан ак сєєк Шабдан саясий тагдырын эў башынан эле орус администрациясы менен тыгыз байланыштырыптыр. Тээ 1786-жылы СанктПетербургга элчи жиберип, бир жагынан Кокон, экинчи жагынан Кытай империясы кыскан тоолук кыргыздарга орус протекторатын сураган бабасы Атаке баатырдын саясий жана стратегиялык линиясын Шабдан да ємїр бою улантып келиптир. Шабдан баатыр медресе, мечит ачып, молдо жалдап бала окутуп бир эле ислам динине дитин коюп, кєўїлїн бурган десек

жаўылыш болоор эле. Себеби, тарыхый фактылар айтып тургандай, атасы Жантай баатыр Кокон хандыгынан кол їзїп, Орусия империясына жакындай башта-

ганда тыў чыкма баласы Шабданга: “эми булардын дилин, тилин, тарыхын їйрєнгїлє”–деген кеўешин, керээзин орундап, балдарды орус-тузем мектептеринен окутуп, Верный, Оренбург жана башка шаарлардан билимин улантууга да шарт тїзїп берген. Айтсак, Шабдан баатырдын тєртїнчї уулу Кемел (1882-1948-жж.) орусча билим алган. Верный шаарындагы гимназияны бїткєн. 1913-1916-жж. Сарыбагыш волостуна болуш болгон. Сыягы Шабдан башкаларга караганда Орусиянын зор экономикалык мїмкїнчїлїктєрїн, потенциалын жакшыраак билип, Кытай менен Коконго караганда Орусияны алда канча артык кєргєн окшойт. Бул їчїн ал колунан келгендин баарын жасап, атактуу орус аскербашчысы М.Д. Скобелевден тартып, Тїркстандын эў биринчи генерал-губернатору фон Кауфманга, генерал-лейтенант И. Колпаковскийге чейин тыгыз мамиле тїзїп, ошолордун ишенимине кирип, орус колониалдык бийлиги Кыргызстанга, ал гана эмес Ташкентге, Коконго, Алай менен Ошко орношуна жеке зор салымын кошуптур. Шабдан баатырдын баласы Кемелдин эскерїїсїндє, ал мечит – медресе куруп, Оренбург, Казань ж.б. шаарлардан мугалимдерди, молдолорду эле чакырбастан, балдарга єзї дагы сабак берген экен. Тилекке каршы, эмнеден сабак бергени айтылбайт. Ошентсе дагы, ал кишинин диний сабаты кыйла эле жогору болгон

СЫЙЛЫКТАРЫ Кєп жылдык кызматы їчїн ондогон орус сыйлыктарын, ар тїрдїї медалдарды, кымбат баалуу чепкендерди алып, эў биринчилерден болуп орус аскеринин формасын кийген кыргыздардан болуптур. Ал гана эмес дворяндык наам алганга аракетин жасап, Орусиянын алдында єтєгєн зор эмгеги їчїн ак падыша Александр їчїнчїнїн 1883-жылдагы Москвадагы такка отуруу салтанатына катышууга делегат да болуп шайланат. Стамбулдан Мекеге кетїїчї темир жолдун курулушуна жанынан 2000 сом бєлїп берип, бул окуя Тїркиянын гезиттерине жарыяланып, султан аны алтын медаль менен сыйланган деп белгиленет тарых беттеринди.

БААТЫР ЖАНА ИСЛАМ Шабдан баатырдын атайын диний билими болбосо дагы, динден кабары бар, мусулмандардын милдеттерин, шариаттын жоболорун бекем сактаган, таза, такыба эле адам болбостон, ошол кездеги ислам дининин элдин катсабатын ачып, билимин кєтєрїїдєгї прогрессивдїї ролун, тарбиялык таасирин, маанисин эске алып, аны Кыргызстанда жайылтууга, єнїктїрїїгє кєп аракеттерди жасаган коомдук ишмер болгондугун баса белгилеп айта алабыз. Мекеге ажылыкка барганы, деле мусулманчылыкка абдан астейдил экени, Олуя-Атада аны казактын атактуу ырчысы Жамбыл кантип мактаганы, Стамбулда тїрк султандары менен да карым-катнаш тїзгєн. Мисалы, Шабдан баатырдын ємїр баяны, кылган иштери, басып єткєн жолун чагылдырган негизги булактардан болуп саналган кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун “Тарих кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы” аттуу

эмгегинде: ..Бала кезден баатырдын Мертебеси артылган. ..Кайда барса – кадырдан, Адамга кастык кылбаган. Єзїн улук дебеген, Текеберлик кылбаган. Бой кєтєрїп адамга, Мен їлкєнмїн дебеген. Мїчєсїн кєр баатырдын, Бейдаарат жїрбєгєн. Намаз окуйт селде менен, Мечитке барат азан менен. Ошондой болгон заманда Азыр адам бар бекен.. Бул саптардан динге берилген такыба адамдын образы кєрїнїп турат. Бирок, анын диний билимди кимден жана кайдан алгандыгы, диний сабаттуулугу, диний кєз караштары белгисиз, ал эми Шабдан жєнїндєгї эмгектерде анын элдин сабаттуулугун ачып, арттырууда, диний билимдерди жайылтууда жасаган иштери, ойногон ролу, диний адамдарга жасаган мамилеси сыяктуу мїнєздєгї материалдар басымдуулук кылат. ХХ кылымдын башында Шабдан баатыр Токмокко мечит, бир аз убакыттан соў Чоў-Кеминге мечит-медресе салдырган. Биринчисине 10 миў, ал эми экинчисине 15 миў сом єз каражатынан бєлїп берген. Чоў-Кеминдеги медреседе ошол мезгилдеги жаўы ыкма (усулу-жадид) менен 300 бала окуган. Оренбург, Казань, Уфа, Ташкент, Бухара, Самарканд ж.б.у.с. чоў шаарлардан мугалим, молдолорду алдырып, алардын жашоосуна жакшы шарт тїзїп, чоў айлык берип балдарды окуткан. Шабдан баатыр 1904-ж. 65 жаш курагында мусулмандар їчїн ыйык болуп саналган зыярат парзын єтєє їчїн Мекеге сапар тартат. Мекеге ажылыкка єзї менен кошо 20 кишини алып, алардын чыгымынын баарын єзї жеке тєлєп барган. Ажыга баргандардын арасында Шабдандын экинчи аялы – саяк Шааке эне , жакын досу Жаныбек жана башкалар болгон экен.

АБРОЙ ЖЫЙНАП БУЛ ДЇЙНЄ МЕНЕН КОШ АЙТЫШКАН... Ошентип жерге батпаган дїйнє-мїлк эмес же куржун-куржун акча эмес, аябагандай зор аброй жыйнап, кийин 1912жылы каза болгондо Шабдан баатыр артына ат кєтєргїс наамынан башка эч нерсе калтырбай єтїп кетиптир. Муну “Туркестанские ведомости” деген газетага чыккан орусча некрологдо да атайын баса белгиленип, “он умер бедняком” деп жазышканын эске сала кетели. Шабдан баатырдын каза болгондогу миўдеген адам катышкан ариети, кийинчерээк єткєрїлгєн атактуу ашы.

№ 107 • 5-декабрь, 2014-жыл


8 Лунара МАМЫТОВА, тележурналист:

“ЇМЇТ” ДЕГЕН ЖАКШЫ ЭКЕН... Кыргызстанда болуп жаткан саясий, коомдук жаўылыктарды биз “Ала-Тоо” жаўылыктарынан биле алабыз. Жаўылыктардын кєркїн ачып єзїнє кїйєрман топтогонго жетишкен "Ала-Тоонун" диктору Лунара Мамытова менен маектешїїбїздї назарыўыздарга тартуулайбыз.

- Сиз журналистика дїйнєсїнєн эмнелерди байкай алдыўыз (кєралбастык, достук, интрига ж. б)? - Дїйнєдє эмне болсо, анын баары журналистика дїйнєсїндє да бар. Оў менен терс, жаман менен жакшы бирге жїрєт экен. Бул сыўарындай єскєн же єсїїгє умтулган чєйрєдє да терс кєрїнїштєр болбой койбойт. Ага таў калбайм деле. Атам бул чєйрєнїн кухнясын жакшы тїшїнгєндїктєн, мага да,, а киши аркылуу анча-мынча учурлар таанымал эле. Ошондуктан журналистика айдыўы – бул аалам айдыўы сыўары эле. - Туркиялык кесиптештерден алган тажрыйбаўыз? - Туркиялык кесиптештерден їлгї алчу жактарыбыз кєп эле экен. Мисалы: мен барган ТРТ (тїрк теле жана радио компаниясы) мамлекеттик канал болуп, ага мамлекеттен да акча бєлїнєт анан абоненттик тєлєм деген да болот экен. Туркиянын жарандары ТРТны кєрїш їчїн акча тєлєйт. ТРТ єзї чоў телекомпания Туркия боюнча. Компаниянын ичинде эле бир нече ресторан, ашканасы бар, мечити, тренажердук залы, кызматкерлер їчїн бала бакчасы, мейманканасы, атайын жумуштан алып кетип, кайра жумушка алып келчї автобустары бар. Алар жумуш бїткєндє саат 6да 100дєн ашык автобус келип кїтїп турат, кызматкерлер да саат алтыдан ашык иштешпейт, ошол автобустар менен їйлєрїнє жетип алышат экен. Анын бары компаниянын бюджетинен тєлєнєт. Кызматкерлерге єтє жакшы кам кєрїлєт. Алып баруучулардын эле эмес, жєнєкєй телеге чыкпаган кызматкерлердин кийими їчїн деп да акча бєлїнєт. Эми дагы ушуга окшогон єтє жакшы кам кєрїїлєрї бар экен. Эў оболу мага ушул жактары єтє жакты. Бул негизинен. ТРТнын кабарларды гана чагылдырып турган каналы болгон “ТРТ Хабердин” студиясынын эле баасы 6 млн доллар. Єтє акылдуу студия деп атап коюшат экен. Себеби, акыркы технологиялар менен даярдалган. Ар бир алып баруучунун єзїнїн жарыгы болот. Биз кабарлар болуп жаткан тїз эфирлерин ары-бери басып деле камерага тї-

№ 107 • 5-декабрь, 2014-жыл

шїрїп жїрдїк. Эми ТРТ, Туркия жєнїндє айта берсем сєз тїгєнчїдєй эмес. Ал эми, алып баруучулар чачтарын жайып, тагынчактарды тагынып алып эле алып барып жатышты. А бизде буга катуу кєзємєл бар. Негизинен, кабар каналында иштєє тартиби биздикиндей эле. Биз деле эл аралык стандартты карманабыз. Ал жагынан алганда окшош эле . Болгону дїйнєнїн тєрт тарабында єз кабарчылары болгондуктан, кабарлары да масштабдуу. Биз да ушул деўгээлге жетсек экен деген гана тилек бар.

- Сиздин иш кїнїўїз, сыр болбосо? - «Ала-Тоо» маалымат программасы иш кїндєрї саат 21.30да тїз эфирге чыгат. Бул себептен эфирге чейин тексттерди карап, таанышып, оўдоптїзєп єзїбїздїн стилибизге коюп , жазып бєлїштїрїп алабыз, анонс жазабыз. Анонсту окуп бїткєндєн кийин атайын алып баруучулардын чач жасалгалоочу жана боёнуучу канасы бар. Ал жерден чачты жасатып, макияжды жасап, костюмубузду кийип, эфирге 10-15 мїнєт калганда студияга кирип барабыз. Студиядагы режиссёр менен тексттеги єзгєрїїлєр болсо алар менен такташып алуубуз кажет. Жарык берїїчїлєр жарык коюшат, биз текстти карап отуруп турабыз, анан кулаклыкка (наушник) режиссер эфир деп команда берет. Мындан кийин биз алып баруучулар «Саламатсыздарбы? Соўку кабарлар менен таанышып алыўыздар…..» деп жаркылдап чыга келебиз. - Сулуу сулуубу же сїйгєн сулуубу? - Кыргызда – Сулуу сулуу эмес, сїйгєн сулуу деген бар. Сїйгєн адам да, сїйгєнїў да сулуу. Себеби, сїйгєн адамга сїйгєнїў сырткы да, ички да сулуулугун сезимдер аркылуу туюп, башкалар кєрє албаган сулуулукту кєрє алгандыгында.... Сїйгєн сулуу... Себеби, сїйгєн адамдын сезими аруу болот. Жакшылыкка гана умтулуп, жаркылдап-жайнап, дїнїйєгє батпай, сезимиўди ааламга жар салып, канчалаган чыгармалар, ырлар жаралды, ушул кїнгє чейин сакталбай жана сакталып келе жаткан кєз жоосун алган, тарыхый эстеликтер- орто кылымдагы Тадж Махалдар курулду. - Акыркы кїндєрї кимдерге же эмнелерге ыраазы болуп жїрєсїз? - Ушул кїнгє чейин жана мындан ары да эў оболу тарбия берип, ушул эрезеге жеткирген атама, апама ыраазымын. Кыргыздарга –алардын кайратына, сабырына, Ата-мекенди барктай билгендигине ыраазымын. Ата-бабаларыбызга – кыргызды кыргыз кылып, ак калпагын башынан тїшїрбєй, кыргыз мамлекеттїїлїгїн жоготпой тїптєй алганына, кыргыз тилди, дилди сактап , бизге єткєрїп бергенине, Жаштарга –алардын аракетчилигине, ийкемдїїлїгїнє, келечек

їчїн кїрєшїїшїнє, билимге умтулуусуна ыраазымын. Бул дїйнєдє жашап жатканыма ыраазымын. Кудайга рахмат. Ушул кїндєргє жеткиргенине.

- "Кыш кыштай, кыз кыздай болгону жакшы” дейт эмеспи коомго болгон кеп кеўешиўиз? - Коом єзгєрдїбї же инсан єзгєрдїбї? Коомго карата инсан эмей эле инсан коомду тїзгєндїктєн, коомду єзгєртїї да инсандын колунда. “Заманын бєрї болсо, бєрї бол” деп жашап калышпадыбы. Оўой оокатка тап бербей, єз мээнетин, пешенетерин менен жетишип, тапкан оокат ширин да, берекелїї болот. Турмуш ошонусу менен кызык. Жаштардын бирин-бири тандоосунда да ошол байлыкка кєбїрєєк маани берилип жатат. Ага ата-энеси да каршы эмес. Ошол утурумдук байлыкка маани бербей, тїгєнбєгєн байлык, кенч – билимге, акылга, ыйманга, тарбияга маани берсек деген гана каалоо. - Кыргызстанда коом кандай багытта баратат, сиздин кєз карашыўыз? - “Їмїт” деген жакшы экен. Мен да

Кыргызстандын гїлдєп-єсїшїнє ишенем. Эгемендик алганыбызга 23 гана жыл болуптур. 23 жаштагы бала сыяктуубуз. Акылыбызга кирген, бирок бутубузга туруп кетїї їчїн дагы да аракет кылышыбызга убакыт керек. Кудайга шїгїр жа-

ман жашаган жокпуз. Мамлекетибизден жарандар бай учур. Ал да болсо элибиздин тырмышып аракеттенгенинде, мээнеткечтигинде. Пейилибизди оўдоп, жакшы ойлорго гана чємїлїп, таза иштесек бары жакшы болот. Жеўиш Шерипбаев


ШАХ...

9

№ 107 • 5-декабрь, 2014-жыл


10

САЯКАТ

КЫРГЫЗСТАН ТУРИСТТЕР ЇЧЇН БЕЙИШ БОЛСО... (Башталышы 6-бетте) шинесинин кулагына (артты кєргєзгєн кїзгїсїнє) желегин кийгизип алганын айтсаўар. Булар да Тїркия їчїн жанын берїїгє даяр экени кєрїнїп турат. Биздин жаштар да мамлекетке бекер иштесе... Ал їчїн сыймыктанышса... Желекти пикеттерге, ызы-чууга кєтєрбєй, жїрєгїбїзгє, жїргєн жерибизге тагып алсак... Жакшы жагыбызды кєрсєтїїгє далалат кылсак... Биз жаштар, ар кандай саясий топторго, чет элдик уюмдарга мїчє болбой, мамлекетке пайда берчї ыктыярдуу топторду тїзїп алсак... Эне тилибизди, тарыхыбызды баарыбыз билсек...

ТООЛОРДУ ПАЙДАЛАНСАК... Кытайдын Хуашань тоосуна чыгарышкан. Тоонун їчтєн бирине автобус менен, їчтєн бирине “Аркан жол” менен, їчтєн бирине тепкич менен чыгып барасыў. Тоо десеў, биздикиндей эле тоо. Деўиз деўгээлинен 2006 метр бийик. Тарыхый экспонаттар бар экен. Кадам сайын кафе, эс алуучу жай. Тоонун чокусуна кафе салып коюшкан. Тепкичтери, жолдору сонун. Тоо боорунда не ичип, не жейм десаў баары бар. Эрзурумдун "Паландокен" лыжа базасы да андан кем калышпайт. Зыўгыраган машине жол. Заўгыраган тоо боорундагы кабат-кабат мейманканалар. Аркан жол. Эў кызыгы, тоо бооруна катар-катар кылып арча эгип коюшкан. Тактап айтканда, жылаўач тоону жашылдандырып коюшуптур. Тоодогу ар бир булактын кєзїнє чорголорду жасап, ичїїгє ыўгайлуу кылышкан. Бизде тоо кєп. Булардын тоолору не болуп калыптыр. Бийик десеў бийик. Жашыл десеў жашыл. Кар десеў кар. Тоо боорунда тарыхый жайлар деле бар болсо керек. Калмак ашуу, Жаныбек жатчу, Кошой коргон ж.б. Ар бир кокту-колотубузда санжыра, дастан чачылып жатат. Таза минералдык суулар, булактар бизде кєп. Биз да жогорку элдерге окшоп тоолорубузга жакшына жол салып, шарттарды тїзїп, эс алчу жайларды куруп койсок... Булактарыбыздын беткелди агып, оозу бїтєлїп турушуна жол бербесек... Туристтерге жабдыгы кооз аргымак аттар, тєєлєр, дагы сонун нерселер менен кызмат кєрсєтсєк... Кєчєт отургузбасак ак коелу, єсїп турган арча-карагайларды кыйбасак... Анан бизге чет элдиктер суктанышса... Келип ырахаттана эс алып кетишсе...

ТАРЫХЫБЫЗДЫ СЫЙЛАСАК... Кытайдын Сиянь шаарында ушундай мыйзам бар экен. Шаар борборундагы їйлєр 14 кабаттан ашпайт. Себебин тарыхый дубалдар менен мунаралардан турак їйлєр, мекемелер бийик болбошу керек деп тїшїндїрїштї. Бул тарыхка болгон тереў сый-урмат эмес бекен. Быкбырдай кайнаган кєп кытайга тирелген кабат їйлєрдєн да тарыхы кымбат турарарын карагыла. Метро курууга жер казса эле тарыхый табылгалар чыга берген экен, аларды бузбоо максатында метро курууну токтотуп коюшуптур. Императорлор кїмбєзїн, дубалдарын, топурак аскерлери табылган жерди кєздїн карегиндей сакташат экен. Шарттары укмуш. Жарык берїїчї лампалары, эшиктери автоматташтырылган. Тарыхын жан талаша тааныштырган кытай гиддери. Салкындыгын айт, тазалыгын айт. Ар бир экспонаттын байыркылыгын сактап, кайра жасалгалап коюшкан. Тїрктєр андан кем калышпайт. Аны айтпасак деле белгилїї да. Теледен, кинодон кєрїп эле канча туристтер агылып

№ 107 • 7-декабрь, 2014-жыл

келет бул жакка. Стамбулду кой, Эрзурумда тарыхый жайлар кем калышпайт. Мечиттер, тарыхый эстеликтер. Кєчєлєргє багытын кєргєзїп жазып коюшкан. Булардын негизги кирешеси да туризм аркылуу болсо керек. Болгондо да тарыхый эстеликтерди пропагандалоо аркылуу. Эрзурумда тээ XI кылымдан бери карай салынган мечиттер, тарыхый жайлар турат тирелип. Жалаў эски курулуштар бар кварталга бардык. Кандай болсо ошондой бойдон сактап коюшкан. Урандысын уранды бойдон. Биздикилер сїрдїрїп таштап ресторан салышмак беле деп ойлодум. Араласаў байыркы доорго барып келесиў. Ичинде байыркыдай жасалган кафелер да бар. Байыркы мечиттерине кирсеў, ичинде видео кєзємєл турат. Бизде деле тарыхый эстеликтер кєп. Бурана, Таш-Рабат, Єзгєн мунарасы, Кароол-Дєбє, Сулайман Тоо, Саймалы-Таш жазма эстеликтери. Дагы мен билген, билбеген жайлар. Аларды да сонун кылып кастарласак... Туристтер їчїн шарттарды тїзїп койсок... Кєргєнї келген туристтер суу ичкиси келсе суу, тамак жегиси келсе тамак, уктагысы келсе уктоочу жайлар

даяр болсо... Тарыхыбызды уккулуктуу, мукам їн менен орусча, кыргызча, англисче, дагы башка тилдерде баяндап берсек...

МИЛИЦИЯБЫЗ КИЧИПЕЙИЛ БОЛСО... Кытайга барганда самолеттон тїшкєндє аябай тыкыр текшеришти. Бир сааттай турдук. Анан єлкєнїн ичине киргенибизде бир да формачан киши жолукпады. Мен дегеле полиция кєрбєдїм. Жок, кєрїпмїн. Бизге бир нерселерди сунуштаган (кыязы ичимдик, же тыюу салынган нерсе) жергиликтїї жигиттерди кармап кетип жатканда. Ошондо да бизден улам-улам кечирим сурап, беркилерди мотоциклине салып кетишти.

Тїрк полистери да ушундай экен. Стамбул аэропортуна тїшкєндє чулдурап бир полистен Эрзурумга учакка кайдан отурушумду сурасам. “Сен нередесин?” дейт “Кыргызстандан”,- десем, “Оо, бенин кыргыз кардешим” деп ээрчитип барып кєргєзїп койду. Эрзурумда болсо кєргєн жокмун. Сыягы алар ар бир кирген чет эл-

диктерден кабары бар. Шектїї болбогон соў текшеришпейт окшойт. Їрїмчїдє бизге сабак єткєн кытай мугалим: “Бизде полиция чет элдиктерди кармабайт. Силерде кармайт экен. Мен Кыргызстанга барганда кєчєдє жїрсєм

бир полиция акча сураган. Бербесем жєндєн жєн эле бир сутка камап койду”,-дегенде єлбєгєн тєрт шыйрагыбыз калды. Студент кезде биз менен окуган тїрктєр да какшашар эле. Мурду коўкоюп турса эле кармап, текшере беришчї окшойт. Кыргыз полициясы адамгерчиликтїї, кичипейил болсо... Чет элдиктерди сыйласа... Жєнї жок текшербесе... Чек арадан жакшы текшеришип,андан соў кєздєрїнє кєрїнбєсє... Кокус адашып калса, жабыркаса жете келип жардамын беришсе...

ТАМАК-АШ ИНДУСТРИЯСЫН ЄНЇКТЇРСЄК... Кытайлар жєнї жок сїйлєшїїгє убактысын коротушпайт экен. Иштешет, иштешет жана да иштешет. Бирок тамактануу анан спорт менен машыгуудан убактысын эч аяшпайт. Бир саат кенен отуруп, анысынан, мунусунан, этинен, жашылчасынан “маззе” кылып жешет. Тамактары да даамдуу, ар тїрдїї. Бир кытай эки адамдын тамагын шашпай отуруп кош таякчасы менен жеп коет. Бирок семирип кеткен кытайды кєрє албайсыў. Зыўкыйып сымбаттуу. Тим эле ар бир туурам нерсесинен философия жаратышат. Ар бир тамактын тарыхын, келип чыгышын, маанисин тїшїндїрїшєт. Бизге менин тааныштарым ойлогондой бака-жылан, курт-кумурскаларын берген жок. Мусулман дешип жалаў адал тамактарын берип жатышты. Тїрїн айтпа, кооздугу ашып тїшєт. Тїрктєрдї даам боюнча дїйнєдє ал-

дыўкы сапта турат дешчї. Чынында ошондой экен. Мїмкїн болушунча тїрдїї, даамдуу. Шириндиктери єзїнчє бир баа. Азыр биздин єлкєдє “Тїрк шириндиктери” жайнап кетпедиби? Булар да конокторго жакшы тамак берїїгє далалат жасашат экен. Бизде деле тамакты даамдуу жасайт. Мындан да мыкты кылып єнїктїрсєк... Бозо, кымыз, жарма, максым-шербет, чалап, жууратты дагы да иштеп чыгып заманбап їлгїдє тартууласак... Сїт тамак, дан азык, шириндиктер, карагат, чычырканак, бїлдїркєн, кымыздык, ышкын, балтыркан, жер-жемиш, чєп-чар, жашылча азыктарын тїрдїїлєп жасасак.... Чабаты, куймак, бал боорсок, жупка, каттама, чакчекейлерге дагы да жаўы даам берип, жаўы жїз кошсок... Эт азыктарын айтпай эле коелу...Ойлоп кєрсєк, деўиз азыктары эле болбосо баары бизде бар экен. Тїрдїїлєп, жасалгасын жаўылап башка элдердин таўдайын такылдатсак... Анан тїрк менен кытайлар сыяктуу тамак-ашыбыздын даамдуулугун, ден соолукка пайда экендигин аянбай жарнама кылсак... Эми буларда деле кемчилик бар деўиздерчи... Кептин баары ошол кемчилигин кєрсєтпєгєнгє аракет жасашканда болуп жатпайбы. Мына ушулар менин кыялдарымдын бир-эки тамчысы.

КЫЯЛДАР ИШКЕ АШАТ... Ысык-Кєлдїн чок ортосуна аянты бир нече гектарды ээлеген калкыма пансионатыбыз болсо, єтє бийик болбогон эки, же андан кєп тоолордун чокусун туташтырып турган заўгыраган асма жолубуз болсо, жети дубанды бириктирип турган, жаратылышты аралап єткєн заманбап темир жолубуз болсо, дарыяларыбыз бейпайда акпай, адамдар эс алууга, эгин сугарууга, кичи ГЭСтерди иштетїїгє кызмат кылса, Оштогу бїтпєй турган кєпїрєбїз бир эмес, бир нече кабат болуп заўгырап турса, элибиз жан багуу їчїн эмес, бир нерсе жаратып калуу їчїн, єлкєгє пайда бериш їчїн жашап калышса деген сыяктуу тентек кыялдарым ичимде толуп жатат. Бирок менин кыялым аз эле экен. Мындан да кєп нерсе кыялданса болор. Кыял бекер эмеспи. Илгерки жомоктордогу, элдердин кыялындагы учуучу килемдер самолет-вертолетко, жер тыўшаар мамыт телефонрадиого, кєрєгєч мамыт интернет-телеге алмашылып отурат. Адам болбой турган нерсени кыялдана да, ойлоно да албайт окшойт. Биздин аўсезим бар нерсени гана ойлонууга кудуретїї сыягы. Бир агайым “Жок нерсенин єзї жок” дээр эле. Келгиле, жакшы нерселерди кыялданабыз... Улукбек ОМОКЕЕВ, блоггер


ЖЕРГИЛИКТЇЇ ЖАЎЫЛЫКТАР Депутат Ч.Турсунбеков:

ЖК КУМТЄР БОЮНЧА ТОКТОМ КАБЫЛ АЛГАН, ЄКМЄТ БУЛ МАСЕЛЕНИ ДА АКЫРЫНА ЧЫГАРГАН ЖОК

Кумтєрдїн маселеси турат, 2-3 жыл талашып, чечим кабыл алганбыз, тилекке каршы бул маселени акырына чейин чыгарган жок, кийинки жылы бюджетте эмне болот - силер бизге эч кандай конкреттїї маалыматтарды бере албай жатасыўар, ошондуктан 3-окууда маалымат бергиле, деди 3-декабрда депутат Чыныбай Турсунбеков (КСДП лидери) ЖКнын жыйынында «КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жєнїндє» мыйзам долбоорун кароо учурунда. Эске салсак, парламентте єкмєт мїчєлєрїнїн, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда «КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жєнїндє» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Ошондой эле, депутат, єкмєт КР 2015жылы Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде тобокелдик сандарды атабаганын белгиледи. Экономика министрлигинен так маалыматтар жок, бул капа кылат, деген Ч.Турсунбеков єкмєттєн маалымат берїїсїн єтїндї.

ДЕПУТАТ Д.НИЯЗАЛИЕВА ЭСЕПТЄЄ ПАЛАТАСЫНА КАРАЛГАН 26 МЛН СОМДУ КУРГАК УЧУК МЕНЕН ООРУГАНДАР ЇЧЇН БЄЛЇЇНЇ СУНУШТАДЫ 3-декабрда Жогорку Кеўештин жыйынында депутат Дамира Ниязалиева (КСДП) Эсептєє палатасынын кызматкерлерин стимулдаштыруу їчїн каралган 26 миллион сомду Саламаттыкты сактоо боюнча министрлигине кургак учук менен ооругандар їчїн бєлїї сунушу менен чыкты. Отурумда «КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жєнїндє» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Депутаттын айтымында, кургак учук

жана ВИЧ-инфекциясына чалдыккан жарандарды дарылоо Глобалдуу фонд донор уюмунун жардамы менен жїргїзїлїп келген. «Бирок алар эгерде республикалык бюджеттен 30 млн сом карала турган

«ДОРДОЙ» КОНУШУНДА ЖАШАГАН ЖУБАЙЛАРДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕЛЕРИ ТАБЫЛДЫ, - Бишкек ШИИББ «Дордой» конушунда жашаган жубайлардын єлїмї боюнча ыкчам-тергєє тобу иликтєє жїргїзїїдє, деп билдиришти 4-декабрда АКИpress агенттигине Бишкек ШИИББден. Анын маалыматы боюнча, 1-декабрда саат 10:20да «102» линиясы боюнча «Дордой» жаўы конушундагы №777 їйдє эркек менен аялдын жансыз денеси табылгандыгы жєнїндє маалымат тїшкєн. Аталган жерге барган ыкчам-иликтєє тобу, эркек адам асылган абалда, ал эми аял сабалгандыгын аныкташкан. Кийин каза болгондордун єздїктєрї такталды. Алар жубайлар — Жалал-Абад облусунун тургундары 37 жаштагы Заирбек Р. менен 35 жаштагы Мира А. болушкан. Ыкчам-иликтєє тобунун алдын ала маалыматтары боюнча, кїйєєсї жубайын сабап, ал алган жаракаттарынан каза болгон. Андан кийин жолдошу асынып каза тапкан. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза каза тапкандардын єлїмїнїн себебин аныктап жатат. Жолдошу жубайынсабап, єзїн єзї єлтїрїї учурунда мас абалда болгондугу тууралуу маалыматтар бар. Иликтєє иштери жїргїзїлїїдє.

БИШКЕКТЕ АДАМ ЄЛЇМЇНЄ БАЙЛАНЫШКАН КЫЛМЫШ ИШИНИН БЕТИ АЧЫЛДЫ Бишкек шаарында адам єлїмї менен байланышкан оор кылмыш ишинин бети ачылды. ИИМдин басма сєз кызматынын 3-декабрдагы маалыматына ылайык, ушул жылдын 28-ноябрында эртеў менен Биш-

шартта 70 млн сом бєлєєрїн маалымдашты»,- деди эл єкїлї.

ИЧКИ ИШТЕР ОРГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИОМЕТРИЯЛЫК МААЛЫМАТТАРЫН 10-ДЕКАБРДА ТАПШЫРЫП БЇТЇШЄТ ИИМде борбордук аппараттын кызматкерлери биометриялык каттоо процедурасынан єтїштї. Аймактык бєлїмдєрдє дагы каттоо иштери уюштурулган. Бул тууралуу 4-декабрда ИИМдин басма сєз кызматы маалымдады. «КР ИИМде борбордук аппараттын кызматкерлери биометриялык каттоо процедурасына активдїї катышышты»,деп кабарлайт басма сєз кызматы. ИИМде биометриялык маалыматтарды тапшырууну жєнєкєйлєштїрїї їчїн, Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин биометриялык маалыматтарын топтоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жана координациялоо боюнча ыкчам штаб тїзїлгєн. Ушундай эле штабдар Бишкек ШИИББ, Чїй облусунда, Ош шаары боюнча ИИМ башкы башкармалыгында жана Ош облусунда, ОИИБдерде жана окуу жайларда тїзїлгєн. Калктын биометриялык маалыматтарын топтоо мезгилинде, ИИО тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча баардык чаралар кєрїлїїдє жана КР ИИОдо кызмат єтєгєндєрдїн биометриялык маалыматтарын топтоо график боюнча жїргїзїлїп жатат. Ушул жылдын 28-ноябрынан 3-декабрга чейин ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери биометриялык каттоо процедурасынан єтїштї. Маалыматтарды топтоо жабдуулары ИИОнун баардык бєлїмдєрїндє орнотулган. Ички иштер орган кызматкерлеринин маалыматтарын чогултуу иш-чарасы 10-декабарда аяктайт.

КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК кек шаарындагы кєчєлєрдїн биринде муунтулуп єлтїрїлгєн белгилери бар 3035 жаштардагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБдин кызматкерлери барып, каза болгон адам Бишкек шаарынын тургуну, 26 жаштагы Т.Э. экендиги аныкталган. Бул боюнча жїргїзїлгєн ыкчам-иликтєє иш-чараларынын жыйынтыгында шектїї катары Бишкек шаарынын тургуну, 23 жаштагы Д.М. кармалды. Биринчи май РИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам єлтїрїї) менен кылмыш иши козголуп, шектїїгє карата камакка алуу чечими чыгарылды. Алдын ала маалыматтар боюнча шектїї кылмышкер менен каза болгон жарандын ортосунда уруш чыгып, жыйынтыгы адам єлїмїнє алып келген. Шектелїїчї каза болгон жаранды алгач кєчєдєн эсучун жоготкуча сабап таштап кеткен, бир аз убакыт єткєн соў кайра келип тумчуктуруп єлтїргєн.

АКЫРКЫ СУТКА ИЧИНДЕ РЕСПУБЛИКА АЙМАГЫНДА 6 ЄРТ КЫРСЫКТАРЫ КАТТАЛДЫ, ОШТО 45 ТОННА ЧЄП КЇЙЇП КЕТТИ Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 єрт кырсыктары катталып, аларды єчїрїїгє 6 єрт єчїрїї бєлїмдєрї жєнєтїлдї, деп билдирди 3-декабрда ЄКМдин басма сєз кызматы. Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын Чехов кєчєсїндєгї №14 даректе жайгашкан турак їйдєн єрт чыгып, їй

ичиндеги эмеректер кїйїп кетти. Аталган єрт кырсыгы электр жабдууларын куроо эрежелеринин бузулушунан улам чыккан. Жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес тїзїлїшїнєн улам Ош облусундагы Араван районунун ТєбєКоргон айыл аймагында чыккан єрттїн кесепетинен турак їй ичиндеги буюмдары менен жана 45 тонна жыйылган чєп кїйїп кетти.

БИШКЕКТЕ ИТТЕР БЕЛГИСИЗ АЯЛДЫН БАШ СЄЄГЇН КЕМИРИП КЕТИШКЕН, - Бишкек ШИИББ

3-декабрда АКИpress агенттигине Бишкек ШИИББден милиция кызматкерлери иттер башын кемирип кеткен жансыз аялдын єздїгїн тактап жаткандыгын билдиришти. 102 номуруна Садовая кєчєсїндє жайгашкан їйлєрдїн биринен, ит адамдын башын кєтєрїп келгендиги маалымдалган. «Башты сїйрєп келген иттин ээси милицияга чалып болгон окуяны айткан. Аталган жерге келген ыкчам-иликтєє

11 АВТОУНААЛАРДЫ ЖЫЛЫНА БИР ЖОЛУ ТЕХКАРООДОН ЄТКЄРЇЇ ТАЛАБЫ КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ БЕРИП, КАЛКТЫ АШЫКЧА ЧЫГЫМГА АЛЫП КЕЛЕТ, - ДЕПУТАТТАР

Жогорку Кеўеште єлкєдєгї жол кыймылын, автомашиналардын техникалык абалын жєнгє салууга багытталган «КРдагы жол кыймылы жєнїндє» мыйзам каралып, экинчи окууда добуш берїїгє жєнєтїлдї. Демилгечи депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, бул мыйзам аркылуу автоунааларды техникалык кароодон єткєрїї талабы коюлууда. Анткени, Бажы биримдигинин курамына кирген єлкєлєрдє ушундай талап бар. «Жаўы автоунаалар жети жылга чейин техникалык кароодон єткєрїлбєйт, ал эми калган автомобилдер жыл сайын єтїп турат. Анткени, Кыргызстанда автокырсыктардын саны кыйла єсїп кетти, бузулган машиналар экологияны булгап жатат», - деди ал. Депутаттар Сайдулла Нышанов, Данияр Тербишалиев, Абдыманап Кутушев, мындай талап мурда болгонун, бирок техникалык кароо жаатындагы чаралар коррупцияланып кеткендигинен улам, ал алынып салынганын эске салуу менен, єз кесиптештерин мыйзам долбооруна колдоо кєрсєтпєєгє чакырды. Алардын пикиринде, мындай талап кайрадан коррупцияны пайда кылып, калкты ашыкча чыгымга алып келет. Депутаттар бул маселени добуш берїї аркылуу чечїї чечимине келишти. тобу, їйдєн алыс эмес жерден жансыз дененин калдыгын табышкан. Башты жана денени кароодо дене аталган жерде кєп убакыттан бери жаткандыгы аныкталды»,- деп билдиришти ШИИББден. Алдын ал маалыматтар боюнча аял суукка тоўуп каза болгон. Иттер денени таап жана башын кемирип кетишкен. Азыркы учурда аялдын єздїгї такталууда. Иликтєєнїн жыйынтыгы боюнча аялдын єлїмїнїн себеби аныкталат. Казакстандын аймагында болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен КРнын эки жараны каза болуп, бир жаран ооруканага жаткырылды Казакстандын Акмолин облусунун аймагында болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эи жараны каза болуп, эки адам жаракат алды, деп маалымдайт CA-News. Облустук ички иштер департаментине шилтеме берїї менен маалымдалгандай, аталган кырсык 3-декабрда Жаксын районунун аймагында «Екатеринбург-Алмата» унаа жолунун 945-чакырымында болгон. Кыргыз Республикасынын 35 жаштагы жаранынын башкаруусу менен бара жаткан «Митсубиси» унаасы дагы бир «Митсубиси» иномаркасы менен сїзїшкєн. Анын кесепетинен кыргызстандык айдоочу жана 20 жаштагы жїргїнчїсї окуя болгон жерде каза болду. Ал эми, 43 жаштагы башка жїргїнчїсї ооруканага жеткирилди. Маалыматта айтылгандай, экинчи унааны башкарып бара жаткан жергиликтїї тургун жабыркаган эмес. Анын 35 жаштагы жїргїнчїсї ооруканага жеткирилди. Каза болгон жарандардын денелери єлїкканага жеткирилип, соттукмедициналык экспертиза дайындалды, деп айтылат маалыматта.

№ 107 • 5-декабрь, 2014-жыл


Э 12

ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

СЕНБАЙ СЕПЧИ

ЖЕ ЧОЎ ЧАРЫК УРУУСУНУН ТАРАЛЫШЫ

Глобалдаштыруу заманында кыргыз элинин башка элдерден салыштырмалуу айырмасы: сегиз миў жылдык тарыхын бекем сактап, кыргыз элинин улуттук каада-салтын, абийирин, сєз єнєрїн аздектеп келе жатканында. Илгертен кыргыз балдарына тили там-туў чыгып, жатыга баштаган 4 жашында, жети атасын їйрєтїп койо турган. Мунун башкы себеби наристе 4 жашында колго тїшсє да, жети атасы аркылуу єз элин, кыргызды таап келген. Кыргыз элин сїйїш їчїн алгач єз уруусун, єз уругун, єз їй бїлєсїн сїйїш керек. Биздин уруу сарбагыш, уругубуз сарбагыш ичинен Тукур бийдин тукуму, чоўчарык. «Бермуд їч бурчтугу» кєп жазылгандай эле: Сарбагыш, Чоўчарык, Эсенбай эсепчини кєп жаздым. 1. Бул санжыраны чоўчарык Балык айтчу экен, ал айтканда агып бараткан суу токтоп калчу дешет. Анын атасы Кумар Кетмен-Тєбєдєн Таласка кєчкєн, кийин тууганы солто Байтик хан ырчы Балыкты Чїйгє алып келет. Бир учурда Балык єз эли сарбагышка учурашканы келет, Шамен бийлеп турган кез экен, ал кєп жактырбай, єз уругу чоўчарыкты паана тутуп калат. Ошол мезгилде чоўчарыкта кїїлєнїп турган Эсенбай санжырасын їйрєнсє, анын иниси Шапак Рысменде уулу ырын їйрєнєт. Эсенбайдын санжырасын Улуу согуштун ардагери менин атам Келдибек ушул токсон жаштан єткїчє айтып турат. Атама жолуккан жерде ал айткан санжыраны тактап, кїкїмдєн болсо да, эл уксун деп, кээ бир гезит беттерине жарыялап коюп келем. Жакында жїрєктєн инсульт болуп, аз жерден аркы дїйнєгє жєнєп кете жаздадым, атам болсо 90 – дон єтїп, єзї айткандай эчкидей жашы калды. Экєєбїз теў аркы дїйнєгє кетип калсак Балык, Эсенбайдын санжырасы їзїлєбї дегендей ой туулган. Деги ооруканадан чыккандан кийин катуу иштедим, кєп китептерди жазып калтырууга туура келди. Чоўчарык тууралуу жазуу ойдо бар эле. Жакын тууган иним Сапаров Каныбек чоўчарык тууралуу кызыгып жїрїптїр, азыр гезит бетине жарыялайлы, балким чогултуп китеп кылып чыгарып каларбыз. Эсенбай 1941 –жылы жїзгє чамалап барып каза болот, Эсенбайдын сєєгїн жууганга аталаш иниси Жумабай: «Мен бул киши тирїї кезинде денесин кєргєн эмесмин» -деп кирбей койот. Ошол Жумабайдын атасы Таштанбек, агасы Кудаярдын баласы Эсенбай кичинекей кезинде ээрчитип Карабектин ашына барып калат. Ал мезгилде Ормон єлїп, сарбагыш кєлдї їч айланып, айыл-апа ызы-чууга батып жаткан кез. Ормон хандын учурунда таасирдїї Жантай атасы Карабекке аш берип, туугандары Тукур бийдин тукумун чакыртып, атайын боз їй тиктирип, конок кылат. Чоўчарыктарды Таштанбек баштап барган экен. Жантай єзї жылкынын учасын кєтєрїп келип, Таштанбекке тартып, Тукур бийдин тукумдары, эў сый адамдарыбыз деген экен. Ал мезгилде бала Эсенбайдын эсинде калганы, Кеминден Кочкорго чейин, агасы Таштанбек Жантай хан єзї уча тартты деп жетине албай келип, айыл-апада да кєп айтса керек. Бул окуя 1860-жылдары болгон, ал эми Жантай хан 1868-жылы каза болуптур. Ушул тууралуу Таштанбек тукуму Турганбекке айтсам, анда сенин чоў атаўдын атасы Кудаяр кайда эле дейт. Алар накта таза кыргыздар болгон, эми булар тууралуу кененирээк айта кетербиз. Менин чоў атам Эсенбайдын тушунда бизди Тукур бийдин тукуму дешчї экен, биз єзїбїздї чоўчарыктар деп келебиз. Сарсейит менен Тукур Манап бийдин чєбїрєлєрї. Бийлик Сарсейиттин Їчїке, Тїлкї, Кудаян деген єткїр балдарына єтїп, Тукурдун тукуму тизгин талашып калган. Сарсейит тукуму Эсенгул баатыр калмактарды жеўип, кыргыз элин бийлеп турганда, анын Анар деген биринчи аялынан Куттуксейит, чоўчарыктын Карагул баатырынын Їкї деген кызын алган. Булар-

№ 107 • 7-декабрь, 2014-жыл

дан Шамен,Райымбектер туулат. Шамендин тукуму Байтерек, Балбак,Суламбы, Бекчоро, Малабектер совет бийлигине чейин Кочкор жергесине болуш болуп келишкен. Ал эми Эсенбай тогуз ирет Кочкордо бий шайланып, болуш, уезнойлор менен иштешип келген. Бул тууралуу жакшы санжыра айткандар бїт эле билет. Алар таяке катары чоўчарыктардын алдынан кыя єтїшкєн эмес, ушул кїнгє чейин Шамен тукумдары чоўчарыктарды «таяке» деп келишет. Эсенгул Эсенгул болуп турганда чоўчарыктардын бир даары Балык манасчынын бабалары Эсенгул менен журт талаша кетип, Эсенгул баатыр чоўчарыктын бир ыптасын Кетмен-Тєбєгє кєчїрїп жиберет. Балыкооз атка конгон Бекмураттын чоў атасы Курманбек да наристе кезинен КетменТєбєдє чоўойот. Балык Таласка, андай Чїйгє келип, Байтик менен Боз-Бєлтєктїн айланасын жердеп калат. Анын уулу Найманбай абдан чоў ырчы болгон. Биз кийин илгери Ниязбек хан, кийин Балык жайлаган жерге келдик. Ошондо атам сураштыр деп калчу, бул жерде Балык, Найманбайдын тукумдары бар деп. Туугандар бар экен, Байтик, Бишкекте да Балык, Найманбайдын тукумдары чоўчарыктар жашашат. 2. Биздин чоўчарыкты таратуу їчїн, алгач оў канатка караштуу негизги уруулардын бири сарбагыш тууралуу айта кетишибиз оў. Биздин сарбагыш тууралуу алгач XV кылымдын аягы – XVI кылымдын баш ченинде жазылган Сайф ад-дин Аксикентинин «Мажму аттаварих» деген эмгегинде эскерилет. Кыргыз элинин этностук тїзїлїшїн изилдеген изилдєєчїлєр Сарыбагыш уруусунун жаралышын «багыш» деген тотемдик тїшїнїк аркылуу кыргыздардын орто кылымдагы мекени – Тїштїк Сибирь менен байланыштырат. Негизи мурун кыргыз элин «катаган», «багыш» уруулары бийлеп, Тагай бийдин баласы Кылжырдын уулдары Орозбакты, Дєєлєс тыў чыгып, кыргыз элин башкарып, чек араны душмандан коргоп калышат. Аларды «багыштан» да зор болду дешип, «зор багыш» аташкан. Кийин Орозбактыны уулдары «бугу» аталып, Дєєлєстїн балдары «сарбагыш» атка конот. Этнограф С.М. Абрамзон сарбагышты кыргыз элинин єзєгїн тїзгєн байыркы уруулардын бири катары карап, кийинки учурдагы єзгєчє ордун кошо белгилеген. Анын пикиринде «кыргыз элинин оў канатын тїзгєн уруулардын ичинен Сарыбагыш (зорбагыш) уруусу кєрїнїктїї орун ээлеп, ага уруунун кєп сандуу болушу эмес, ал уруу башчыларынын башка урууларга тийгизген саясий таасири жана бул уруунун этногенетикалык процессте ойногон ролу менен аныкталып келген». Санжыра уламыштарында кыргыздардын тїпкї атасы Долон бийдин заманындагы кыргыздар чоўбагыш, Сарыбагыш же їч багыш деген уруулардан турганы айтылып, анда «багыш» аталган уруулардын генетикалык биримдиги жана алар байыркы уруулар болгон деген пикирди тастыктайт. Санжыра боюнча Тагай бийдин Кылжыр (Сарыбагыш) деген уулунан Орозбакты, Дєєлєс (Дєєлєсбакты) деген эки бала болуп, Орозбактыдан бугу уруусу тарайт. Дєєлєс бийдин тукуму Сарыбагыш аталып, Токо, Жантай, Манап жана Элчибек (Таздар) деген тєрт уулунун тукуму бул уруунун тєрт бутагын тїзсє, асыранды баласынан чертике (чертки) уругу тараган. Чертикеден Бейшенбек Болотбеков, Шамыркан Бейшеев, Тажыбек Сыдыковдор. Чертике «карамоюн», «сарыкалпак», «сазай» болуп бєлїнєт. Токонун тукуму жалпы «жети урук» аталып, ич ара «абыла», «сабыр», «чагалдак», «єзїк», «молой», «чечей», «каракурсак» деген уруктарга бєлїнєт. Абыладан кыргыздын туўгуч президенти Аскар Акаев, Темирбек Акматалиев, єзїктєн Мисир Ашыркулов. Жантайдан жалгыз Сары болуп, андан Бєрїчек, андан Атабай, Аюуке, Кїзєкє, Илеке деген тєрт уул. Атабайдан Кубат, Белек, Акчабуу, Мендеке,

Таштокум; Аюукеден «аюуке» бутактары тарап, Кїзєкєдєн Калматай, Акий. Калматай балдары «бай жантай» деп аталып калган. Акийден Эшиге, Досон, Ниязбек, Дайырбек, Тыныбек, Оболбек – алты уул. Тыныбек менен Дайырбектин балдары кыргыз-калмак согуштарында колго тїшїп кетип, кєп мезгилден кийин кайтып келип, ушул себептен Дайырбектин Ыбыке, Инжим, Жакам, Сенкитай, Мадыкан деген беш уулу «беш калмакы», Тыныбектен Ажыгул, анын Итике деген жалгыз баласынын тукуму жєн эле «калмакы» деген лакап ат менен аталып калган. «Токтоку» деген урук «жантайларга» тыштан кошулган урук деп эсептелет. Бєрїчектин тондуу уулу Илекени, андан Алымсейит, андан Аккозу, Їлїмжї, Рай, Асан, Солто. Жантай уругу Сарыбагыштардын ичинен ириси болуп саналат. Жантайдан Аалы Токомбаев, Каныбек Иманалиевдер. Дєєлєстїн їчїнчї баласы Элчибектен Атамат, Жунус, Алыбек. Булардын тукуму «таздар» деп аталат. Атаматтан Беке, Чапча, Сарыкалпак. Бекеден «эшмурат уулу», Чапчадан «кипан», «эшмат», «ємїр», «косом» уруулары; Сарыкалпак – «сарыкалпак» деп аталат. Жунустан Такабай, Тїгєл. Такабайдан тукум жок, Тїгєлдїн балдары «карабєкє», «ырайымбек», «дайырбек», «шайбек» деп бєлїнєт Алыбектен Жолчоро, анын тукуму «моюнчу» деген атакта калган. Кыргыз журт башчылары їчїн їлгї, эталон болуп калган Манап бийдин тукуму Сарыбагыштар уруусундагы эў чоў бутак. Кыргыз элинде тараган «манапчылык», «манап» деген бийлик тєбєлдєрї Манап бийден тараган, ал тууралуу єзгєчє сєз болор. Манаптан Сїтєй, Жарбаў – эки уул. Жарбаў 18 жашка толбой калмакиар менен эрєєлгє чыккан. Жарбаўдын тукуму «жарбаў уругу» деп айтылат. Сїтєй бийден Сарысейит, Эшим, Тукур. Эшимдин тукуму «эшим», Тукурдуку «чоў чарык» аталат. 3. Сарысейит бийден Їчїкє, Тїлкї, Эрдене, Кудаян – тєрт уул. Їчїкє убагында кыргыз элине башчы болуп туруп, иниси Тїлкї баатыр экєє Жаўыл мырза колдуу болуп жаадан єлгєн. Їчїкєдєн кийин кыргызга Кудаян хан болгон. Їчїкєдєн Маматкул, Дєєлєткул, Кудайберди. Тїлкїдєн жалгыз Тынай. Эрденеден тукум жок. Кудаян тукуму «тоголок» деп аталат. Тынайдын биринчи аялынан Сатыбалды, Атаке баатыр, экинчи аялынан Сокур, Бекмурат, Арзыгул, Ырыскул – алты уул. Сатыбалды балдары Жообасар, Кубат, Айа, Алмакїчїк, Караїсєн, Чємєй, Шайбек уулдарына бєлїнєт. Атакенин Абылай, Солтоной, Карабек, Таштанбек Байшїкїр, Жанкиши, Сартай жана Мырзабек (Мырзабек башка энеден) деген уулдары болгон. Бозокор деген бакма баласынын тукуму «жумаш уулу» деп аталат. Тынайдын экинчи аялынын балдары жалпы «сокур уулу» болуп, булар жалпысынан «тынай» деген атакта калган. Тынай тукумунан атактуусу Атаке баатыр, анын тукумунан Таштанбек, Жантай, Шабдан сыяктуу белгилїї инсандар чыккан. Тынайдан атагы алыска кеткен Султан Ибраимов жана Арстанбек Дїйшеев, Жоомарт Оторбаев, Канат Исаевдер. Дїр аркылуу Медет Садыркулов жээн. Кудаяндан кийин кыргызды Маматкул бий бийлеп, жерин калмактан кыргызды бошотууда чоў роль ойногон. Андан Болот, Темир, Андагул, Кєккєз, Берик. Дєєлєткулдан Надырбек, Бай, Кара Мурат, Аалы – жалпысынан «надырбек» уругу деп аталат. Надырбектен

кыргыз совет бийлигинин башында турган Баялы Исакеев, Карамураттан Акылбек Жапаров, Бай уулунан Калыгул олуя, Кыргызстанды 25 жыл бийлеген Турдакун Усубалиев. Карамураттан «ныяз», Аалыдан «аккулак» уулдары, Надырбектен Мусулман, Сыдык эки уул. Мусулмандан «седет», «кубат», «абыке» уулдары, Сыдыктан «алике», «тїнтєй», «тїнкатар», Байдан «бердике», «бердиш», «медет», «калыгул», «жигитек». Кудайбердиден тукум жок. Маматкулдун Андагул, Кєккєз, Берик уулдарынын тукуму «кырк уруу» деп аталат. Маматкулдун ордун уулу Болот ээлеген. Болот бийдин биринчи аялынан Аким, Айдарке, Татыкєтєн, Дайырбек, Мураке деген беш бала болуп, алар «беш кїрєў» деп аталып калган. «Беш кїрєўдєн» Жолдошбек Зарлыкбеков. Экинчи аялы Таалаке энеден Кожомшїкїр, Эсенкул. Кожомшїкїрдїн тукуму «салыбек», Эсенкул балдары кєптєгєн уулга тарайт. Болот бийдин їчїнчї аялынан Кєчмурат, анын тукуму «кєчмурат» деген ат менен белгилїї. Болот бийдин балдарынын ичинен атактуусу Эсенкул баатыр болуп, учурунда бїткїл тїндїк кыргыз урууларын башкарып тургандыктан, аны «чоў бий» деп аташкан. Эсенкулдун жети аялынан жыйырма бир уул болуп, Каз байбичеден Асанбай, Їсєнбай, Найман їч уул («чала манаптар» деп аталат), Анар энеден Ныязбек, Кубат (урук), Куттуксейит (Шамен, «Ак балдар»), Абдыраман (урук), Карасарт (урук), Шоорук (урук) алты уул, Каракыз энеден Базаркул, Назар эки уул, булар биригип «отонтой» аталышат, тєртїнчї аялдан Айтбай, Керим, Жапар, Саткын тєрт уул, бешинчи аялдан Кудаяр, Сукан, Жайчы їч уул, алтынчы аялынан Бекмурат, Шаамурат эки уул, жетинчи казак аялдан Тойчу жалгыз болуп, бардыгы жыйырма бир. Куттуксейиттен Шамендин тукуму ак падыша заманында болуш болуп турушкан. Шамен уулу Курманбек Байтереков. Мындан башка Эсенкул баатырдын калмактан чаап келген, жети бакма баласы болуп, алар «жети кул» деп аталат. Анын атагы менен бїткїл Болот тукуму – «Эсенкул эли» деген атак алган. Болуштук убагында сарбагыштын майда уруктарын «Борукчу» дешкен.Ниязбек уулдары «Ниязбектин сегиз бек» аталып, атактуу инсандардан болгон: Ормонхан, Чоко, Касымалы, Казы. Азыркы заманда «Биримдик-Единство» партиясын баштап бараткан Карганбек Самаков Ниязбектин сегиз бегинин ичинен Бердибектин тукуму. Маматкулдун Темир деген уулунан Кулуке, Боогачы, Черикчи, Назар – тєрт уул. Кулукеден «аккєз», Боогачыдан «боогачы уулу», Назардан «назар уулу» тарайт. Черикчиден Борколдой, Жаныбек, Абайылда, Жамангара, Мама, Караменде, Бекбото, Адылбек, Дайырбек, Карабай, Манапбай, Кенжетай деген он эки уул болуп, Борколдойдон «борколдой», Жаныбектен «жаныбек», Жамангарадан «жамангара», Мамадан «мама», Карамендеден «караменде», Бекботодон «бекбото уулдары» жана Карабай, Манапбайдын тукуму «казактар» деп аталып, жалпысынан «жети ата» деген атакта калган. Черикчи балдарынын ичинен атактуусу Абайылда баатыр болуп, їч аялынан он эки уул кєрїп, Тєрєгелди, Шербото, Нарбото, Шадыкан деген балдары атактуу баатырлардан болгон.

(Уландысы кийинки санда) Азизбек КЕЛДИБЕКОВ


13

ПАЙДАЛУУ КЕЎЕШ АЛМУРУТ - мємєлїї дарак. Бардык жерде культурада єстїрїлєт. Алмуруттун мємєсїндє 10� канттар, 0,3� ийлєєчї заттар, 2,6� клетчатка бар. Алмурут жаўыдан їзїлгєн, кургатылган, консерваланган тїрдє, ошондой эле варенье, повидло тїрїндє колдонулат. Анын ширеси заара айдама касиетке ээ болгондуктан, заара жолдорунда таш пайда болуу оорусунда сунушталат. Ошондой эле кургатылган алмурутту кайнатып жєтєлгєндє, ич єткєндє, эт ысыганда ичсе жакшы.

АРЧА АШ КЄК Чатырдуулар тукумундагы жыпар жыттуу бир жылдык єсїмдїк. Сабагы тїз, 50-100см, бийик, жылма, кочкул жашыл, ак тилкелери бар; жогорку жагы бутакталган, кєк- жашыл тїстє. Жалбырактары канаттай татаал, ичке, жипчедей. Гїлдєрунїн кєрїнїшї чатырга окшогон топ гїл, алардын топ гїлдєрї єзїлєрїнїн гїл сапчалары менен башкы кыска гїл саптын учуна нур сыяктуу жайгашкан. Гїлдєрї мала сары тїстє. Июнь-июлда гїлдєйт, уругу 5-6 мм, сары кїрєў. Сырье катары уругу жыйналат. Бардык жерде культурада єстїрїлєт. Байыркы эле кезде аш кєк жыпар жыттуу жана дары єсїмдїгї катары колдонулуп келген.

Аш кєктїн жашыл жалбырактары менен сабагында С, В, В2, Р, РР, Е витаминдери бар. Аш кєктїн уругунда 2,5-4� эфир майы, 10-20� єсїмдїк майы, протеин, ж.б. болот. Аш кєк ичеги-карындын тїйїлїп ооруганда жакшы жардам берет. Ичегидеги чириткич процесстерди азайтып, ич кєпкєндї басаўдатат. Аны менен бирге аш кєк артериялык кан басымды тємєндєтєт. Заара айдама, какырык чыгаруучу да касиетке ээ. Аш кєк тамакка татымал катары колдонулат. Элдик медицинада аш кєктїн уругун кайнатып, анын тундурмасы тамакка мейил тарттыруу, тамак сиўирїї їчїн, сеп алдырма, ич кєпкєндї басаўдатуучу, ошондой эле эмчек эмизгендердин сїтїн кєбєйтїїчї каражат катары кеўири колдонулат. Аш кєктїн тундурмасын кантип даярдайт. Жанчылган аш кєктїн уругунун 1 аш кашыгынын їстїнє 0,5л шаркырап кайнаган суу куюп, 15-20 минута термоско куюп же идишти жылуудап ороп коюу керек. Андан кийин аны чыпкалайт. Кїнїнє 3-5 маал Ѕ стакандан тамакка 15-20минута калганда ичсе жакшы. Бир жумадан кийин 3-4 кїн дем алып, андан кийин кайра кайталаса жарайт.

АНИС кадимки анис. Бийиктиги 60см-ге жеткен бир жылдык чатырдуулар тукумундагы єсїмдїк. Анын сабагы издїї тегерек, тамырдын башындагы жана астынкы сабактарынын жалбырактары узун саптуу, тегерек, бєйрєктє, жогорку жалбырактары эки ирет канаттай татаал, башкы жалбырактары їчїлїк татаал. Сырьесу - анистин бышып жетилген мємєлєрї (уруктары). Єсїмдїктї чалгы менен чаап алат, кургатып, бастырылат жана кошундулардан тазаланат. Анистин уругу жумурткадай же алмурут сымал, єзїнчє бєлїнбєйт, узундугу 3-5 мм, туурасы 2-3мм. Уруктун учунда беш тиштїї чєйчєкчє бар, негизинен тїбїндє кєп учурда чатырдын нурунун калдыгы жабышып турат. Уруктун сыртын кыска тїк баскан, даамы таттуурак, жыпар жыттуу келет. Анистин уругунда 3,2� эфир майы бар. Анын курамына анетол (80-90�), анис альдегиди, анис кислотасы кирет. Анистин уругунда 28� єсїмдїк майы бар, ал -3°С-да тоўот. Анистин уругу какырык чыгаруучу касиетке ээ, ошондуктан анистин эфир майы нашатыр – анис тамчылары жана эликсир жасоодо колдонулат.

Арчалар тукумунан. Дайыма кєгєрїп туруучу дарак. Бийиктиги 1-12 м. Жалбырактары майда катуу, ичке бутактарга тыгыз жабышып, тїрпїчїлєр тїрїндє болот. Гїлдєрї майда, жазында гїлдєйт, уруктары томолок келген тобурчактарынын ичинде жайгашат. Тобурчактын єўї кара-кєк, їстї боз нерсе менен капталган. Тоо беттеринде, бадалча тїрїндє таралган. Кыргызстанда арчанын ар кайсы тїрлєрї – жапалак арча, сары арча, кара арча ж.б. єсєт. Сырье катары арчанын татуу, жыпар жытуу тобурчактары кїзїндє жыйналат, кєлєкє жерде кургатылат. Химиялык курамында канттар (40 �ке чейин), юниперин гликозиди, флавононддер, чайырлар (95�-ке чейин), органикалык кислоталар, ийне жалбырагында - аскорбин кислотасы кєп. Тобурчактарын кайнатын ичсе тамакка мейил тарттырат, заараны айдайт. 50 г тобурчакты 1 стакан сууга кайнатып, чыпкалап, ага бир аз кант кошуп, дагы кайнатып, 1 чай кашыктан тамакка чейин 3 маал ичсе тамакка мейил тарттырат. 100 г тобурчакты 1 литр cууда кайнатып, ага кол-бутту малып отурса кызыл жїгїрїктє, муундардын сезгенишинде жардам берет.

АМАРАНТ амаранттар тукумундагы єсїмдїк уруусу. Бийиктиги 20-100 см келген бир жылдык чєп. Жалбырактары жєнєкєй. Гїлдєрї эки жыныстуу, жалбырак колтугунда топтолушкан. Мємєсї бир уруктуу, кутуча. Амаранттын кээ бир тїрлєрї єсїмдїктєр катары гїлзарларда, парктарда єстїрїлєт. Малга сонун тоют болот. Медицинада амаранттын уругунан чыгарылган май колдонула баштады. Ал сезгенїїгє каршы, жараатты айыктыруучу касиеттерге ээ. Амаранттын майы гастритте, карын жана он эки эли ичегинин жарасында колдонулат.

АНЖИР - тыттар тукумундагы мємєлїї дарак. Анын жаўы бышкан мємєлєрї аскорбин кислотасы, В1,В2 витаминдерге, минералдык заттарга (калий, кальций, магний, фосфор, ж.б.) бай келет. Канттардын (глюкоза, фруктоза) єлчємї 20-30� ке жетет. Ошондой эле инжирдин мємєсїндє пектин заттары, клетчатка бар. Анжирдин мємєсї - таттуу продукт. Ал жаўы бышкан кезде, кургатылган тїрдє колдонулат. Анжирден варенье, джем, конфет, вино чыгарылат. Кургак мємєсїндє 70� ке жакын кант болот. Анжир жїрєк-кан тамыр ооруларында, аз кандуулукта абдан керек. Тамак сиўиртїїчї касиетке ээ, ич катканда ичти жумшартат.

№ 107 • 5-декабрь, 2014-жыл


14 ЯПОНИЯ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАРГА ТОКТОЛСОК

КЫЗЫКТАР ДЇЙНЄСЇНДЄ керлери. Кемеде жїргєнд� асманды кол менен кєрсєтїшпєйт. Анткени, жаман аба-ырайы боулуш мїмкїн. 6) саперлор. Алар чакырууга жєнєп жатканда такыр коштошпойт. “эч качан” деген сєздї такыр колдонбойт. 7) єрт єчїрїїчїлєр. 8) космонавттар. Алар эч качан космоско дїйшємбї кїндєрї учпайт.

ТЫЙЫН ЧЫЧКАНДАР ЧОГУЛТУП, ЖЕР АЛДЫНА КАТЫП КОЮП, КИЙИН ТАППАЙ КАЛГАНДЫГЫ ЇЧЇН ЖЫЛ САЙЫН ДЇЙНЄДЄ МИЎДЕГЕН БАКТАР ЄСЇП ЧЫГАТ.

НОВОСИБИРСК ШААРЫНДА ЕВРОПАДА ЭЎ ИРИ ООДАРЫЛГАН ЇЙ КУРУЛДУ Япония тууралуу кызыктуу фактыларга токтолсок. Аталган мамлекетте жолдор тайгалак болбойт. Анткени жолдор жана тротуарларда жылытуу системасы орнотулуп, кар дароо эрийт. Баса, Японияда гастарбайтер мигранттар да жок. Жергиликтїї мыйзамга ылайык, чет элдиктердин минималдык маянасы, жергиликтїї тургундардын орточо айлыгынан да жогору. Андыктан, жумуш берїїчїлєргє мигранттарды алуу пайдасыз. Японияда метродо кыз-келиндер їчїн атайын вагондор бар. Бул жерде кол коюлбайт, анын ордуна ар бир япондо єзїнє гана таандык мєєрї бар. Колготки кийгенге бул єлкєдє тыюу салынган, атайын гольфалар гана. Кыздардын юбкалары болсо, жыл сайын кыскарып турушу зарыл.

ДЇЙНЄ ЖЇЗЇНДЄГЇ КЫЗЫКТУУ ЖАНА ТАЎ КАЛЫЧТУУ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАР

5-ДЕКАБРЬ • Æûëäûí 339-ê¿í¿, æà¢û æûëãà 26 ê¿í êàëäû. • Ýêîíîìèêàëûê æàíà ñîöèàëäûê ºí¿ã¿¿ ¿÷¿í ûêòûÿð÷ûëàðäûí ýë àðàëûê ê¿í¿. Новосибирск шаарында Европада эў ири оодарылган їй курулду. Долбоордун авторлорунун айтымында, эки кабаттуу їйдє кадимки турак-жайлардагыдай эле бардыгы бар, болгону алар буту менен асманды карап турат. Андан тышкары, тиричилик техникасы иштейт. Кїтїлгєндєй, бул жаўычылдык єзгєчє сїрєткє тїшїїчїлєр арасында сїймєнчїлїккє ээ болот. Їй атайын эки тарапка ылдый болуп, серпилип тургансып кєрїнєт.

ЭРКЕКТЕР ЖАНА АЯЛДАР ИДЕАЛДУУ ЭС АЛУУНУ ЭКИ БАШКА ЭЛЕСТЕТЕТ

ОКУЯЛАР: Тыйын чычкандар чогултуп, жер алдына катып коюп, кийин таппай калгандыгы їчїн жыл сайын дїйнєдє миўдеген бактар єсїп чыгат. Ал эми кундуздар уктаганда жоголуп кетпеш їчїн, кол кармашып суу їстїндє калкып укташат.

КЇЛКЇ ЄМЇРДЇН МЇЛКЇ

• 1492-æûëû Êðèñòîôåð Êîëóìá Ãàèòè àðàëûíà æåòêåí. • 1812-æûëû Íàïîëåîí àñêåðëåðèí Îðóñèÿãà êàëòûðûï, ºç¿ Ïàðèæãå æºíºéò. • 1941-æûëû Ìîñêâà àëäûíäà ñîþçäóê àñêåðëåðäèí êîíòð ÷àáóóëó áàøòàëàò. • 2000-æûëû ×åðíîáûëü ÀÝÑèíèí ¹3 ýíåðãî áëîãó áèðîòîëî òîêòîòóëàò äà ñòàíöèÿ ýëåêòð ýíåðãèÿñûí ãåíåðàöèÿ êûëóóíó òîêòîòîò.

Дїйнє жїзїндєгї кызыктуу жана таў калычтуу ырым-жырымдар. Грецияда жарганаттын сєєгї дайыма чєнтєктє болсо, ийгилик коштоп жїрєт деп ишенишет. Бирок, бул жаныбарларды єлтїрїї жаман ырым болуп эсептелет. Англияда тепкичтер алдынан єтїї жана сагызганды кєрїп калуу жамандык алып келет. Кытайда болсо шыпыргыдан коркушат. Алардын пикиринде шыпыргынын жаман ээси бар. Япондуктар їчтєн сїрєткє тїшпєйт. Анткени ортодо турган каза болуп калышы ыктымал.

ЫРЫМ ЖЫРЫМДАРГА КАТУУ ИШЕНГЕН КЕСИП ЭЭЛЕРИ ТИЗМЕГИ

Эркектер жана аялдар идеалдуу эс алууну эки башка элестетет. Интернет булактарынын биринин маалыматына ылайык, мырзалар жетїїгє 4 саат учуу жетиштїї болгон мамлекеттерге барууну каалайт. Алар кєпкє учууну жактыра бербейт жана жумушка чакырып калабы деп кооптонуп турушат. Айымдар болсо 12 саат учууга деле даяр, алардын пикиринде канчалык алыс барсаў, эс алуу ошончолук кызыктуу болот. Эркектерге тынч эс алууга 2 эле жума жетишет. Айымдар болсо, кєбїрєєк эс алып, дїкєндєрдї, музейлерди жана бардык тааныштары сунуштаган жерлерди кыдырууну кєздєшєт.

БУЛ КЇНЇ ТУЛГАНДАР: Балдар кїнїнє орточо эсеп менен 400 жолу кїлсє, чоўдор болсо болгону — 15 жолу. Адам орточо эсеп менен, туулган кїнїн дагы 9 миллион адам менен бєлїшєт. Їй кожойкеси кїнїнє їй оокатын жасап, 11 чакырым басып єтєт. Башка сезонго караганда, балдар жазында эки эсе бат єсєт.

• 1782-æûëû Ìàðòèí Âàí Áþðåí, ÀÊØíûí 8÷è ïðåçèäåíòè.

АЙЫМДАР МЕНЕН МЫРЗАЛАРДЫН АЙЫРМАСЫ

• 1820-æûëû Àôàíàñèé Àôàíàñèåâè÷ Ôåò, îðóñ àêûíû.

• 1803-æûëû Ô¸äîð Èâàíîâè÷ Òþò÷åâ, îðóñ àêûíû.

• 1901-æûëû Óîëò Äèñíåé, àìåðèêàëûê êèíîðåæèññ¸ðìóëüòèïëèêàòîð.

АКШДА БАЛДАРДЫН ЫЙЛАГАНЫНА ТЫЮУ САЛЫНГАН РЕСТОРАН АЧЫЛДЫ

• 1982-æûëû Êåðè Õèëñîí, àìåðèêàëûê ïîï ûð÷û.

БУЛ КЇНЇ ДЇЙНЄДЄН ЄТКЄНДЄР:

• 1560-æûëû Ôðàíöèñê II, Ôðàíöèÿ êîðîëó. Ырым жырымдарга катуу ишенген кесип ээлери тизмеги. 1) дарыгерлер. Алар кїзєт кезектерин алмашпай турганга аракет жасашат. Эгер алмашса, оор смена туш келет деген сєз бар. 2) учкучтар. Алар учуунун алдында эч качан сїрєткє тїшпєйт. 3) музыканттар. Концерт алдында алар єн бутунан гана турат. 4) театр актерлору. Эгер сахнадан кагаз колунан тїшїп кетсе, ага биринчи отуруп, аны менен кошо турушат. 5) флот кызмат-

№ 107 • 7-декабрь, 2014-жыл

АКШда балдардын ыйлаганына тыюу салынган ресторан ачылды. Ресторан жетекчилигинин пикиринде, ыйлап жаткан балдар башка кардарлардын кыжырын келтирет. Андан тышкары, бул тамактануу жайына балдардын арабасы менен кирїїгє болбойт. Кєптєгєн арыздарга карабай, ресторан ийгиликтїї иштеп жатат.

Эми достор биздин сїйїктїї темабызга айланган айымдар менен мырзалардын айырмасы тууралуу кеп кылсак. Колуўду кєрсєтчї деген сунушка эркектер дароо алаканын жаят. Ал эми айымдар болсо, алаканын ылдый каратып кєрсєтєт. Эркектер колуна бир нерсе алып жїргєндї жактырбайт. Ал эми аялдар болсо, тескерисинче колу бош болгонду жек кєрєт. Андыктан дайыма кол баштык кєтєрєт, баштык кєтєрбєсє дагы сєзсїз башка бир буюмду таап алат.

• 1973-æûëû Ðîáåðò Óîòñîí-Óàòò, øîòëàíäèÿëûê ôèçèê, ðàäàðäû îéëîï òàïêàí. • 2013-æûëû Íåëüñîí Ðîëèëàõëà Ìàíäåëà, Ò¿øò¿ê Àôðèêà Ðåñïóáëèêàñûíûí áèðèí÷è òó¢ãó÷ ûíäû êàðà ïðåçèäåíòè.


15

№ 107 • 5-декабрь, 2014-жыл


16

СПОРТ

ЭРЕЖЕСИЗ ЭР ТАЙМАШ Спорт ден соолуктун булагы дегендей, жаштарыбыз спорт менен машыгып ийгилик жаратып атканын кєрїп сїйїндїк. Биздин балдар Эл аралык мелдеште жалпысынан 22 мушкер єз кїчтєрїн сынашып анын арасынан 3 спортчубуз кїчїн алдырганы болбосо, калган баатырларыбыз намысты колдон алдырган жок. Америка, Грузия, коўшу казак туугандардан дагы мыкты деўгээлде даярданып келгендери байкалып турду. Ортодо бир аз пикир келишпестик болуп, судиялар тарабынан кїнєє кеттиби айтор кыжыўдашып барып басылдык. Кылычбек Саркарбаев деген кыргыздын желегин бир топ мамлекетке таанытып жїргєн азаматыбыз бар эле, анча даярданган эмеспи айтор кызыктуу оюн кєргєзє албай койду. Оюнга келген кїйєрмандарыбыз батпай эшикте кире албай дагы канчоосу сыртта турганын кєрїп, спортко болгон мамилелери салмактуу экенинен кабар берди десек болот. Дегенибиз менен кыргыз уулдары Манас атанын духу бар да, элибиздин колдоосу аркылуу мєєрєйдї єздїк капчыкка салдык. Эмне дейбиз єлкєбїздї кыйкырык митинг, революция менен эмес, маданияттуу тїрдє алыска даўазалай берели!,

КУЛАТУУ «ЭР ТАЙМАШ ММА» БОЮНЧА БИРИНЧИ ТАЙМАШТАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ 3-декабрда Кожомкул атындагы Спорт ордосунда, WEF (World Ertaymash Federation) версиясы боюнча, кулатуу «Эр таймаш ММА» боюнча таймаштар болуп єттї. Sport АКИpressке Эл аралык кулатуу «Эр таймаш ММА» (WEF) Федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогоновдун маалымдашынча, жалпысынан 10 рейтингдик беттештер болуп єттї. Алардын ичинен 77

Изготавливаем

МЕБЕЛЬ НА ЗАКАЗ • Âûåçä íà çàìåð, ïðîåêò, óñòàíîâêà – áåñïëàòíî.

УРМАТТУУ ОКУРМАН! "АЙБАТ" гезитине жазылуу жїрїп жатат!

• Áîëüøîé îïûò ðàáîòû. Âûïîëíÿåì ðàáîòû ëþáîé ñëîæíîñòè è îáúåìà. • Ðàáîòàåì áûñòðî è êà÷åñòâåííî. • Èíäèâèäóàëüíûé ïîäõîä ê êàæäîìó êëèåíòó. • Êîìïüþòåðíûé äèçàéí áåñïëàòíî! • Äîñòàâêà è óñòàíîâêà áåñïëàòíî!

Контактные телефоны:

0709 09 99 56, 0550 25 08 88, 0708 02 56 74

Жазылуу почта кызматын кошкондо:

- 1 айга – 49 сом 50 тыйын - 3 айга – 148 сом 50 тыйын - 6 айга – 297 сом 00 тыйын Жазылуу республиканын, бардык почта бєлїмдєрїндє чектєєсїз жїргїзїлєт.

00% 1 а в т с е ч а к я Гаранти № 107 • 5-декабрь, 2014-жыл

СЇЙЇКТЇЇ ГЕЗИТИЎИЗГЕ ЖАЗЫЛЫЎЫЗ!

Жазылуу индекси: 68546

кг чейинки салмак категориясында дїйнє чемпиондугу їчїн таймаш уюштурулду.

WEF-1 ТАЙМАШЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ: 59 кг чейин Каныбек «Араб» Бейшеев (Кыргызстан) - Эсен Молдобаев («Сарбаз», Казакстан) — Бейшеевдин жеўиши. 70 кг чейин Эрлан Нурбек уулу («Боец») - Беймурат Ниязов («Сарбаз», Казахстан) - победил Нурбек уулу Эрландын жеўиши 77 кг чейин Алтынбек Мамашев («Мухамед умар», Ош) - Мурсал Гусейнов («Самбист», Бишкек) — Мамашевдин жеўиши 65 кг чейин Абдулгаджи Гаджиев («Горец») - Эламан Коргонбай уулу («Дордой-Ош») - Коргонбай уулу Эламандын жеўиши 63.5 кг чейин Нурбай «Хан» Мурзалиев («Боец») - Денис Муценк («Ринг», Казакстан) — Денис Муценктин жеўиши 75 кг чейин Камрян Аббасов («Боец») - Мелис Абдрахманов («Дордой-Ош») - Аббасовдун жеўиши 67 кг чейин Салмоор Эргешалиев («Боец») - Тилек Батыров («Жаш-Кїч») - Батыровдун жеўиши 77 кг чейин Самат Эмилбеков («Боец») - Ербол Отегенов («Жекпежек» улуттук кїрєш Федерациясы Казакстана) — Эмилбеков жеўиши 71 кг чейин Рустем Мукатов («Токпак») - Рахманжан Муратов («Боец») - Мукатовдун жеўиши 84 кг чейин Кылыч Саркарбаев («Муххамед Умар», Ош) - Нодар Кудукашвили (Грузия) — теў чыгуу 77 кг чейин дїйнє чемпиону титулу їчїн таймаш Актилек Жумабек уулу («Боец») - Шах Бобонис (АКШ) — Жумабек уулу Актилектин жеўиши. Жыргал БЕРДИБЕКОВ


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.