Айбат - коомдук-саясий гезити №104

Page 1

www.aibat.kg

Сайдулла НЫШАНОВ:

ТЫНЧТЫК БОЛОТ, БИЗГЕ ТЫНЧТЫК КЕРЕК

10

redactor@aibat.kg •

…Кыргызстандын жарандарын єлїм жазасы кїтїп турат

11

№ 104 • 14-ноябрь, 2014

2 миллион сомду «курулуш таштандысына» айланткан Сабиров 2

4 Аида САЛЯНОВА:

«АМАНБАЕВА КАНТИП "БУМду" БУРМАЛАГАН?» Жогорку Кеўештин кечээги отурумунда Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголгон «Республика» фракциясынан депутат Урмат Аманбаевага байланыштуу Башкы прокурор Аида Салянова маалымат берди. Тємєндє анын маалыматын кыскартып сунуштайбыз. - 14-май 2013-жылы Ош шаары жана Ош жана Баткен областтары боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы кїрєшїї боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси менен Ош областтык кургак учукка каршы кїрєшїї борборунун кызматкерлеринин їстїнєн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы бул кылмыш иши негизсиз токтотулган. 2013-жылдын 25-декабрында кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жандандырылып, тергєє жїргїзїї жагы башкы

прокуратуранын тергєє тобуна тапшырылган. Тергєє учурунда 2009-жылдан баштап 2013-жылдын ичинде Ош облусттук кургак учукка каршы кїрєшїї борборунун башкы эсепчиси Урмат Аманбаева, ошол эле борбордун директору Байсалов, аптеканын башчысы Шамшиева жана «БУМ» ЖЧКсынын директору Улуходжаевалар менен алдын ала макулдашып, дарылоо бєлїмдєрїнїн улуу мед айымдарын колдонуу жолу менен дары-дармектин сандарын кєбєйтїп, бухгалтериялык отчётторго Урмат Аманбаевага караштуу «БУМ» ЖЧКнын тарабынан дары дармектер келип тїштї деген жалган маалыматтарды киргизип мыйзамсыз акча каражаттарын сиўирип жїрїшкєн. Жогорудагы мыйзамсыз кыймыл аракеттер Урмат Аманбаева, Шамшиева жана башкалардын катышуучулары менен 2013-жылга чейин улантылган. Тергєє тобу тарабынан уулу мээрман айымдар Кожонова, Айтиева, Кадыровалар суракка алынып, алар єз кєрсєтмєлєрїндє 2009-жылы башкы эсепчи Урмат Аманбаева бизди чакырып талапта-

Дарылык касиети бар “БАЛ” 13

Театр жана кино артисти

Токио - дїйнєнїн эў кымбат шаары болуп саналат

7

14

маларга дары-дармектердин санын кєбєйтїп «БУМ» ЖЧКсынан келген деген жалган маалыматтарды киргизесиўер деп биз алардан кєзкаранды болгондуктан жалган маалыматтарды талаптамаларга жазганбыз деп кєрсєтїшкєн. Тергєєдє «БУМ» ЖЧКсынын Аманбаевага караштуу экендиги аныкталган.

(Уландысы 10-бетте)

9


2

АЙБАТ ПРЕСС

«ЖАЎЫ МУУНЧУЛАРДЫ» «ЖАЙЛАГАН» Р.ЖЭЭНБЕКОВ ЭМИ ТОКТАКУНОВГО ЄТТЇБЇ?

Єгїнї эгемен гезиттердин бири жазды эле, улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков Нурбек Токтакунов аттуу укук коргоочуну єзїнє чакырып: «Кыргызгаз» ишканасын «Газпром» ишканасына сатылышын мый-

замсыз деп сотко кайрыл» дегендей кезектеги «заказын» бергенин. Журналисттердин тарткан «тєлгє ташы тєп» келди. Муну Нурбек мырза єзї ырастады. Ал «Газпром» менен тїзїлгєн келишимди денонсациялоо єтїнїчї менен єкмєткє кайрылганын жарыялады. Анын айтымында, «Газпром» келишимдин шарттарын аткарбай атыптыр. Эми ага кандай жооп берерин єкмєт аке єзї чечер. Ага чейин Токтакуновго бир нерсени эскерте кетели. Равшан Бабырбекович энергетикалык каатчылыкка байланыштуу «Жаўы муун» кыймылынын активисттерин ачкачылыкка чыгарып, кийинчерээк аларды «єзїўєрдї єзїўєр єрттєгїлє» дегендей буйрук кылганда, М.Аспеков, А.Бузурманкуловдордун келмеси оозунан тїшкєнї ашкереленген болчу. Эўди Равшанчик Нурбек Токтакуновду «єрттєн» десе єзїн єзї єрттєп жибереби?

ВАЛЕРИЙ ДИЛЬ МЕНЕН ФЕЛИКС КУЛОВДУН «КУУРЧАК» ЭКСПЕРТИ – ЭРНЕСТ КАРЫБЕКОВБУ?

Акыркы учурларда эксперт дегендерден баш адаша турган болду. Билимдїїсї да, билимсизи да, билгени да, билбегени да эксперт болуп чыга келишти. «Сиз эксперт турбайсызбы, айтып койсоўуз?» деп журналисттер микрофон тосо калса, ар кандай жомокту айткан эксперттер бар. Ошолордун катарын єзїн энергетика жаатындагы эксперт катары кєрсєтїїгє далалат кылып келаткан Эрнест Карыбеков деген толуктап келет. Бирок, ал єз алдынча эч кандай жагдайга эксперт жїргїзє албай тургандыгы белгилїї. Качан гана кємїскєдєгї кожоюндары «мындай деп сїйлє» деп буйрук кылганда, алардын пикирин єзїнїн оозу менен айтып чыга калат. Маселен, кече жакында эле бул экспертчалыш Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда электр энергиясын сатып алуу боюнча жетишилген макулдашууну сынга алып чыкты. Анын ою боюнча казактардын койгон шарттарына кыргыз бийлиги макул болбой, андан кєрє єткєн жылдан бери карай

Бишкек ТЭЦинде єзїбїздїн электр энергияны максималдуу єндїрїп чыксак туура болмок экен. Мунун канчалык деўгээлде тууралыгын албетте дасыккан эксперттер айтышсын. Бирок, бир гана кызык суроо туулат, эмне себептен Карыбеков мындай сунушун єткєн жылы айткан жок эле? Же анда анын оозун бирєє басып турду беле? Кыргыз элинде «Жоо кеткен соў кылычыўды ташка чап» деп айтылып келет. Єткєн жыл эми єткєн чак болуп калгандан кийин мындай сунушту айтып не кылат? Кыш босогого кирип келгенде биз Бишкек ТЭЦинде электр энергиясын єндїрєт элек деп отурсак, кыш мезгили бизди кїтїп отурат беле? Деги эле тїштєн кийин акыл айтканды качан коебуз? Ошончолук эле мыкты эксперт болсо Карыбеков єзї єкмєттє энергетика тармагын кєзємєлгє алып турган маалында неге бул тармакты реформалоо, єнїктїрїї багытында сунуш айтпай, тилин тишине катып отурду эле? Же жумшак креслосунан айрылып калам деп коркту беле? Же анда азыркы «акылкошчулары» вице-премьер Валерий Диль менен «Ар-Намыстын» лидери Феликс Кулов тарабынан тапшырма айтылган жок беле? Баса, ушул жерден кыстара кетїїчї нерсе Карыбековду куурчак театрдын куурчагындай кылып сїйлєтїп аткан дал ушул аттары аталган эки эрен экендигин эркин басылмалардын бири буга чейин эле жазып чыгышкан. Бири єкмєттє, бири коалициялык кєпчїлїктє отуруп алып, «бакма» экспертине тапшырма берип аткан экєєнє жол болсун.

Редакциялык жамаат:

Гезит ээси:

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

Акинай АЙДАРОВА Рахатбек РЫСАЛИЕВ Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА Дамир ЭСЕНГУЛОВ Мирбек АСАНАЛИЕВ (0777 15 99 45 Нарын) Рыскїл ТЫНЫБЕК кызы (03943 43679 Ыссык Кєл)

Коммерциялык директор:

Бектур БАЙМОЎОЛОВ (0772) 16 11 00

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ЄНЇКТЇРЇЇНЇ КАРЖЫЛООГО 2015-ЖЫЛЫ 243 МИЛЛИОН СОМ БЄЛЇНЄТ Кыргыз тилине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили деген статус берилгенине 20 жылдан ашуун убакыт єтсє дагы, ал єз деўгээлинде жїзєгє ашырылбай келгени маалым эле. Анын єнїктїрєбїз, деўгээлин кєтєрєбїз деген билдирїїлєр мурдагы бийликтердин тушунда да жасалып келген. Бирок, тилекке каршы айтылган сєз иш жїзїнє ашкан эмес. Эске сала кетсек президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди єнїктїрїї їчїн каражатты аябоо керек экендигин єткєн жылы эле эске салган. Кыргыз тилинин деўгээлин кєтєрїп, анын мамлекеттик тил деген статусуна жооп бере турган деўгээлине алып келїї їчїн КР Мамлекеттик тил комиссиясын каржылоонун кєлємїн кєбєйтїї тапшырмасын берген эле. Президенттин бул убадасы жана тапшырмасы жїзєгє аша баштады. Финансы министри Ольга Лаврова мамлекеттик тилди єнїктїрїї їчїн 2015-жылы республикалык бюджеттен 243 миллион сом карала тургандыгын 13-ноябрьда парламент отурумунда билдирди. Мындан сырткары министр айым келерки жылда боло турган

парламенттик шайлоого 230 миллион, чек ара аймактарын єнїктїрїїгє 100 миллион жана дипломатиялык кызмат тууралуу мыйзамды реализациялоо їчїн 148 миллион сом карала тургандыгын айтып єттї. Мына ушундайча акырындык менен чечилбей келаткан маселелер четинен чечиле баштады. Мамлекеттик тилге мамлекеттик деўгээлде кам кєрїїнїн башталганы демек анын єнїгїїсїнє кепилдик бере алат. Ошол эле убакта чек ара аймактарына жакын жайгашкан айылкыштактарды єнїктїрїї маселеси дагы єтє курч маселелердин бири эле.

ЭС АЛУУ БАГЫНА КАРАШТУУ ЖЕР ТИЛКЕСИН НАРИМАН ТЇЛЕЕВ ТУРАК-ЖАЙ КУРУУГА БЕРИП КОЙГОНУ КАНДАЙ? Коррупциялык беренелер боюнча айыпталып жаткан Бишкектин экс-мэри Нариман Тїлеевдин дагы бир мыйзамсыз иши ачыкка чыкты. Кєрсє, Тїлеев Кытайдан кымбаттатылган баада автобустарды гана алып келгенди билбестен, жалпы эл колдоно турган эс алуу багынын жер тилкесин турак-жай куруу їчїн єзїм билемдик менен берип койгонду да жакшы єздєштїргєн экен. Бул туурасында Бишкек мэриясы маалымат агенттиктеринин бирине билдирген. «Турбаза жайгашкан райондун аймагындагы жашыл зонанын жер тилкелери 2005-2007-жылдары турак-жай їйлєрїн курууну кєздєгєн адамдар тарабынан басылып алынган. 2009-жылы шаар мэри болуп турган Нариман Тїлеев тийиштїї кызматтарга «Ак-Тилек Турбаза» жаўы конушунун аймагында жайгашкан жалпы колдонуу статусуна ээ парк зонасын турак-жайларды курууга ылайыктуу кылып документтеринин долбоорун єзгєртїї тапшырмасын берген» деп билдирет мэрия. Бишкек башкы архитектурасы тарабынан бул жер тилкелерин жеке менчик їйлєрдї курууга

Веб-сайт: www.AIBAT.kg Электрондук каттар їчїн дарегибиз: redactor@aibat.kg Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

колдонуу жалпы колдонуу статусун алып салуу схемасы даярдалган. Бирок азыркы тапта ал схема Бишкек башкы архитектурасында жылан сыйпап кеткендей жок болуп чыккан. Азыркы тапта «АкТилек Турбаза» конушунда 205 їй мыйзамдан тышкары єз алдыларынча эле курулуп калганы белгилїї болуп турат. Єзїн-єзї билип, єтїгїн тєргє илген Нариман мырза шаарыбызды кєрктєндїрбєй эле, тескерисинче бак-дарагы кєйкєлгєн парктарыбызды талкалап жїргєн турбайбы, кєрсє…

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №2644

Нускасы: 1500


3

САСЫК САЯСАТ

“РЕСПУБЛИКА” ЖАНА “АТА-ЖУРТКА” ЄЗ-ЄЗЇНЧЄ БОЛГОНДО ЭЧ КАНДАЙ ЖАРЫК ТЇШПЄЙТ «Республика» жана «Ата-Журт» партияларынын биригїїсї элементардуу саясый логика менен гана жасалган. «Республика» акыркы жылдарда єзїнїн позициясын, єзїнїн мїчєлєрїн жоготуп алды. Кєптєгєн таасирдїї єкїлдєрї партиядан чыгып, парламентте єздєрїнїн тобун тїздї. Ушундай эле тагдыр «АтаЖурт» партиясында да болду. Андан олуттуу лидерлери кетип калгандыктан салмагын жоготту. Экєє теў бирдей позициядагы алсыз партиялар, єз-єзїнчє турганда аларга эч кандай жарык тїшпєйт. Эки партия єздєрїнїн кїчтєрїн бириктирип жатат. «Ата-Журт» Камчыбек Ташиев менен тїштїк электоратын тартат. Мындай жол менен тїштїк жана тїндїк шайлоочуларын тарткан бинардуу курал пайда болот. Бул кырдаалда аларда алдыўкы партиялар менен соодалашууга жол ача турган позиция пайда болот. Анын ичинде «КСДП» менен. Азыр алар экономикалык окуялардын єнїгїїсї - энергетикалык жана азык-тїлїк кризиси, экономикадагы кыйын кырдаал элдин нааразычылыгын жаратат деген логика менен кїтїп жатышат. Мындай кырдаал-

да алардын кыйкырып чыкканга ресурсу пайда болот. Мен аларда ушундай максат бар деп ойлойм. Бул толук аракеттеги жана жандандыруучу союз болушу мїмкїн. Анткени азыр алдыўкы партиялар єзгєчє активдїїлїгї менен айырмаланган жок. Учурда алар бийликте, андыктан социал-демократтардын партиялык иштери єзгєчє деле

байкалбайт, жаштар канаты абсолюттук тїрдє єзїн кєргєзє элек. Балким алар жергиликтїї деўгээлде элита менен кулуардуу иш жїргїзїп аткандыр. «АтаМекенде» дагы тїрдїї аракеттер болуп атат. Андыктан аларда алдыга чыгып келїї мїмкїнчїлїгї бар. Анын їстїнє булар профессионалдуу жогорку класстагы саясый технологдор болот.

Парламенттик шайлоодо утуп чыгууга аларда шанс бар. Бирок, эў кеминде бир жылдан бери саясый процесстер стихиялык жана табигый жолдор менен жасалбай жаткандыгын эске алыш керек. Бардыгы долбоорлук режим менен жїрїїдє. Менин оюмча «Республика» менен «Ата-Журттун» биригиши дагы алдыўкы партиялардын долбоору болушу мїмкїн. «Республика» тїштїк элитасынын радикализмин теў салмактап жана абсорбициялап (жутуу, боюнча тартуу) турат. Алдыўкы партиялар менен соодалашуу маселеси кандай болот? Кандай єўїттє алар коалицияга кирет, же оппозиция калары келишимдик-консенсусдук жол менен жїзєгє ашырылат. Анткени Кыргызстандагы элита жана партиялар идеологиялык принциптер боюнча курулган эмес. Концептуалдуулук эч кандай чоў рольду ойнобойт. Андыктан эч кандай бири-бири менен пикирлери келишпеген адамдар да биригїїдє. Маселен Ташиев кайсы бир убакта Бабановго каршы катуу сєздєрдї айткан. Андыктан мен муну бул партиялардан тышкары партиялардын долбоору болушу керек деп ойлойм. Марс САРИЕВ, саясат таануучу

МАМЛЕКЕТТИН 2 МИЛЛИОН СОМУН «КУРУЛУШ ТАШТАНДЫСЫНА» АЙЛАНТКАН МАКСАТ САБИРОВ

«Республика» фракциясынын лидери Максат Сабировго карата ушул кїнгє чейин укук коргоо органдары неге чара кєрбєй келатышкандыгы табышмак. Албетте, биз айта турган «табышмактын» жандырмагы укук коргоо органдарына менимче жакшы эле тааныш болушу керек. Балким астыртадан иликтєє иштери жїрїп жаткандыр?.. Ошентсе да парламент трибунасынан бакылдап сїйлєп, ар кимдин артынан «аўдууга» тїшкєн «республикачынын» мамлекетке келтирген зыяндары тууралуу коомчулукка ачык айтып койбосок болбос. Болбосо, учурда биринчи-вице-премьер-министр Тайыр Сарпашевдин

ишмердїїлїгїн иликтєєгє алган депутаттык комиссиянын башында туруп алып, аны болушунча каралоо менен алектенип атканын уккан-кєргєндєр Максат Сабировду сїттєй таза депутат экен деген ойго келиши мїмкїн. Сєзїбїз кургак болбошу їчїн жалаў фактылар менен гана сїйлєйлї. Максат Сабировго таандык «Торго-строй» жана «Вадимир» аттуу компаниялар 2009-жылдан бери карай Ысык-Кєл облусунда ишмердїїлїгїн жїргїзїп келет. Компанияларды Максат Сабировдун єзї эмес, жакын тууганы Кубат Турдутегин башкарып келген. Албетте, мындан эч кандай деле єєн издебейт элек, эгерде ал ком-

паниялар ишмердїїлїгїн мыйзамдын чегинде так жїргїзїп келишкенде. Адегенде Сабировдун «Торгстрой» компаниясы Тоў районунун Тєрткїл айылындагы спорттук залды куруу їчїн тендерден утуп алышкан. Тилекке каршы ошол кїндєн ушул кїнгє чейин спорт залдан дайын жок. Анын пайдубалы гана тургузулуп, калганы токтоп калган. Себеби курулуш компаниясы пайдубалды курууда эле олуттуу кемчиликтерди кетирген. Ошондон бери карай курулуш иши кыймылдабаган бул обьектинин пайдубалы талкаланып, жараксыз абалга келип калган. Ал эми ушул эле пайдубалды куруу їчїн мамлекеттин казынасынан 2 миллион сом каражат жумшалганын айта кетели. Бул иш боюнча Ысык-Кєл облустук прокуратурасы тарабынан облустук администрациянын курулуш башкармалыгынын ошол убактагы жетекчиси Д. Долубаевге кылмыш иши козголгон. Бирок, мамлекеттин 2 миллионун курулуш таштандысына айлантканга башкы себепчи болгон Максат Сабировдун компаниясы жоопкерчиликтен сырткары калган. 2010-жылы болсо Жети-Єгїз районунун Челпек айылындагы жана Тоў районунун Барбулак, Шорбулак айылдарындагы спорт залдарын куруу иштерин башкы подрядчиктердин уруксаты жок эле Сабировдун компанияларынын шыбагасына берилип кеткен. Кандайча мындай болуп кеткенин Сабиров, анан аны берїїнї чечкен адам гана билбесе, башкаларына табышмак бойдон калган. Мунусуна деле мейли дейт элек. Бирок, тилекке каршы башкы подрядчиктерден уруксаты жок алганын алып алышып, ал

объектилерди да мєєнєтїнєн кечиктирип бїткєрїшкєн. Андан сырткары тендерде кєрсєтїлгєн суммадагы каражаттан бир топ кєбїрєєк сарпташкан. Кыязы, мамлекеттин акчасын аяп эмне кереги бар дешкен окшойт. Маселен, Барбулак айылындагы спорт залга тендер боюнча 1 миллион 616 миў 42 сом сарпталышы керек болсо, иш жїзїндє 2 миллион 266 миў сом коротулган. Демек, 649 миў 958 сомго ашыгы менен. Челпек айылындагы спорт залга 16,3 кєп каражат жумшалса, Боз булуў айылындагы спорт залга 45, 3 кєбїрєєк жумшалган. 2011-жылы болсо анын курулуш компаниялары тендерден жалпысынан 52 миллион 342 миў 900 сомдук 12 объектини утуп алышат. Бирок аларга которулган акча 66 миллион 751 миў сом болуп чыга келет. Айырмасы 14 миллион 408 миў сом. Мынча акча кимдин чєнтєгїнє «култ» этип кетиши мїмкїн? Буга деле макул дейли. Бирок акчаны ашыгы менен алып алышып, объектилердин айрымдарын бїгїнкї кїнгє чейин бїтпєй жатышканын кандай тїшїнсє болот? Бул фактылар боюнча Ысык-Кєл облустук прокуратурасына бир эмес, бир нече арыздар келип тїшкєн. Бирок, алардан эч кандай реакция жок. Же сєзсїз эле Башкы прокуратурага кайрылыш керекпи? Мамлекеттин акчасын «курулуш таштандыларына» айландырып, тендерден кєрсєтїлгєн баадан бир топ жогору суммада каражаттарды алып, каалаганындай тайраўдап аткан Максат Сабировдун компанияларына акыры чара кєрїлїшї керек го?.. Дамир ЭСЕНГУЛОВ

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл


4

АНЫГЫН АЙТТЫ!

ТАМЧЫ КАБАР

Темир САРИЕВ, Экономика министри::

“РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВДУН КИМДЕН КАНЧА АКЧА СУРАГАНЫ, КАНЧА АЛГАНЫН ТАСТЫКТАП БЕРЧЇ АДАМДАР БАР” сураардан мурун кичине кїзгїгє каранып коюш керек. Экинчиден, єзїўїз убагында мамлекеттик кызматта иштегенде мына бул жерде вице-премьер дагы отурат, кимден канча акча сураганыўыз, мурунку министрлер отурат, канча акча алганыўыз анын баары теў турат. Эми ошонун баарын жок дебей эле мен бїгїн апаппак болдум, таптаза болдум деп анан кийин мындай сын айтып їйрєткєндї токтотуш керек. Бул катуу сєз, бирок мен айтам бул сєздї, айтышым керек болчу.

Жогорку Кеўештин кечээги жыйынында эркин депутат, УОК лидери Равшан Жээнбеков менен Экономика министри Темир Сариев кайым айтыша кетти. Равшан Бабырбековичтин 2015-жылдын бюджет долбооруна карата айткан кебине жооп кайтарган Темир Аргенбаевич анын былыктарын чукуп єттї. Бирок, Р.Жээнбеков ага каш кайтарып жооп кайтара албаганы эле – Т.Сариевдин айткандарында чындыктын їлїшї арбындыгын далилдейт. Тємєндє Сариевдин кебин эч єзгєртїїсїз сунуш кылабыз. Анда ал минтет: - Мен ушул Равшан Бабырбековичке айтып коёюн дедим эле, мына эки кїн мурун ушул жерде комитетте жанагы кардарлар жєнїндє жыйын болуп, маселе каралды. Ошол жерде мага жеткен маалымат боюнча, туура эмес десеўиз айтып кой-

соўуз болот, ошол жерде аялдарга “азыр эрте келип алыпсыўар жазында келсеўер болмок, жазында революция болуп кетет эле, ошондо митингдерге чыгат элек” деп айттыўыз. Эгерде биз ошондой мамиле кыла турган болсок келгендерге бул аябай туура эмес. Анан экинчиден жанагы коррупция жєнїндє айтып жатканда кичине алар кїзгїгє каранып, биз дагы каранып коёлу да. Анан мен ушул жерде дагы айтып коёюн, анткени сиз мага бир нече жолу сєздєрдї айтып, бир топ суроолорду берип жатасыз. Мына сиздин бир тууган атаўыз (Бабырбек Жээнбеков) агентствону башкарды. Анын кандай иштегенин, артында кандай сєз калганын жана акыры эмне менен бїткєнїн жакшы билесиз. Андыктан, бирєєгє сын айтаардан мурун же болбосо морал айтып, мындай бир нерсе

Феликс КУЛОВ, ЖК депутаты, «Ар-намыс» фракциясынын лидери:

«МАМЛЕКЕТТИ ОЙЛОЙЛУ»

Жогорку Кеўештин кечээги отурумунда «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жєнїндє» мыйзам долбоору талкууланды. Жыйын жїрїшїндє

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

«ар-намысчы» Феликс Кулов айрым оппозициячыл маанайдагы саясатчылар кырдаалды чайпалтууга аракет кылып атканын, аларды кєпчїлїк колдобой турганын билдирди. Феликс Шаршенбаевичтин айтымында, айрым кыйынчылыктарды эл туура кабыл алууда жана бийлик кєйгєйлєрдї чечїї їчїн бардык кїчїн жумшап атат. «Айрым адамдар єздєрїн оппозиционер атап атышат, алардын артынан эл ээрчибейт. Элдин атынан президент менен парламент гана сїйлєй алат. Ал эми єздєрїн оппозиция санап, жазында революция болот дегендер – «эл душманы» деген Ф.Кулов маалымат каражаттарын дагы чындыкты жазууга, мамлекеттин эртеўин ойлоого чакырды. Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Кыстырма: Равшан Жээнбеков 2001-2004-жылдар аралыгында мамлекеттик мїлк фондун жетектегени маалым. Ошондо жалпы жонунан 342 мамлекеттик объекти, ишканалар жеке колго єткєрїлїп, итбекер сатылып кеткен. Ал эми єзї Ысык-Кєлдїн жээгиндеги «Асыл-Таш» пансионатын итбекер менчиктештирип, бїгїнкї кїндє аны 7 млн. долларга пулдайм деп жїргєн чагы. Равшан мырзаны эгемен Кыргызстандагы «эгемен коррупцияны» баштоочулардын кєч башында турган эў жаш єкїлї атаганы да бекеринен эмес. Р.Жээнбековдун атасын Бабырбек Жээнбеков эки жолу мамлекеттик антимонополдук агенттигин жетектеди. Акырында анын кол астындагы кызматкер «Кудайберген» базарынын ээсинен 300 миў сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал бул акчаны шефи Б.Жээнбековго алып барып берерин айткан эле. Натыйжада Бабырбек Субанович ээрден шыпырылган. Ишенимдїї булагыбыздын кабарлашынча, райондук сот колго тїшкєн кызматкерге 30 миў сом айып пул салып бошотуп жибериптир. Чамасы Бабырбек мырза соттордун алкымын майлап, экс-кызматкерин бошотуп алганбы?

«АЙДАГАНЫ БЕШ ЭЧКИ, ЫШКЫРЫГЫ ТАШ ЖАРАТ!» Дал ушул макал «Чындык» партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровго куп жарашып тургансыйт. Себеби ал єгїнї УОК лидери Равшан Жээнбековго жолугуп, Саруу айылындагы кырдаалды кайрадан курчутууга мїмкїндїгїн, жергиликтїї жаш активисттерди тартуу зарылдыгын айтыптыр. Ал їчїн 15-ноябрда Сарууда жолугушуу уюштурууга да даярдыгын кошумчалаганы. Ошол эле маалда дагы бир оппозиционер Уран Ботобеков Кадыровдун Ысык-Кєлдє кадыры нєл экенин, анын кїпїлдєп сїйлєгєндєн бєлєккє жарабай тургандыгын Бабырбековичтин кулагына кумдай куюп жатыптыр. Уран мырза кантсе да баамчыл адам эмеспи, К.Кадыровдун ала кєєдєн экенин байкаганын карабайсыўбы!

Парламент келерки жылдын бюджетин талкуулап жатат *** Бишкекте кєп кабат їй курулушун баштоого убактылуу тыюу салынды *** Чек арада єзбек чек арачылары аткан октон кыргыз жараны каза болду *** Жыл башынан бери 40 чек ара чатагы катталды *** Келдибековдун чет єлкєдєгї дарылануусу качан бїтєрї белгисиз *** Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленет *** Канада соту Кыргызстандын доо арызын карай баштады *** 30 миўден ашуун жаран биометриялык маалымат тапшырды *** Ошто диний радикализм боюнча тїшїндїрїї иштери жїргїзїлїїдє *** Чикагодо кыргызстандык жигитти атып кетишти *** Тажик єкмєтїнїн башчысы Бишкекке расмий сапар менен келет *** Олимпиадалык окуу жайдын бассейни кайрадан иштей баштады *** Кытайда “Манас” эпосу боюнча 3D форматта мультфильм тартылат *** Барак Обама менен Си Цзиньпин Пекинде сїйлєшїїлєрдї жїргїзїїдє *** Америкалык тєрт студент Орусиядан чыгарылды *** Тажикстанда Сирияга адамдарды їгїттєгєн 12 киши кармалды *** Легендарлуу футболист Пеле Сан-Паулудагы ооруканага жатты *** Улуттар уюму Чыгыш Украинада “согуш болорун” эскертти ***


5

ЄЗ БАШЫНДАГЫ ЧЄПТЇ КЄРБЄЙ

ЇЙ-БЇЛЄЛЇК БАШКАРУУ ДЕГЕН УШУНДАЙБЫ? Республикабызда эки жолу эмне себептен революция болгондугу баарыбызга тїшїнїктїї. Электр энергиясынын кымбатташы, уюлдук телефонго салынган кошумча 60 тыйындык салык, айлык акынын аздыгы, жакырчылык, жумушсуздук єўдїї толгон-токой кєйгєйлєр себеп болгон. Бирок, булардан сырткары эў башкысы – бул бїтїндєй мамлекетти бир їй-бїлєнїн башкарып калгандыгы болгон. Тилекке каршы Акаевдин катачылыгын Бакиев жазбай кайталап, керек болсо кїчєтїп кайталап бергенинин эсебин эми Минскиде тартып жатат. Кыргыз эли жакырчылыкка, кыйынчылыкка чыдаса дагы акыйкатсыздыкка, адилетсиздикке, элдин байлыгын бир гана їй-бїлє каалагандай калчоосуна жол бербей тургандыгын кєрсєттї. Ошентип эки жолку революция менен їй-бїлєлїк башкарууга чекит койдук дедик. Чындыгында эле учурдагы мамлекет башчысы тарабынан мурдагы президенттердин катачылыгы кайталанган жок. Парламентте беш фракция иш алып барып, їчєє коалициялык кєпчїлїктї тїзсє, экєє оппозицияда калып, кадимкидей кызыл-кыргын талаш-тартыштар менен иштеп келишет. Алгачкы эки бийликтин тушундагыдан айырмаланып, учурда парламентте оппозициянын єзїнїн трибунасы бар. Ал жерден бийликти да, башкасын да каалагандай сындап, каалагандай сунуштарын айта алышат. Бирок, азыркынын оппозициясы «мурдагы оппозиция деле кєчєдє кыйкырып жїрїшкєн, биз деле кєчєдє кыйкырышыбыз керек» дегендей парламентте сунуш айткандан кєрє кєчєгє элди топтоп алып кыйкырганды жакшы кєрєт. Муну менен алар мурдагы оппозициянын парламентте атайын трибунасы жок болгондуктан, кєчєдє кыйкырууга аргасыз болушкандыгын тїшїнє алышпагандыгын кєргєзїштї. Ошентип «їй-бїлєлїк башкаруу болуп атат» деп элди дїргїтїп кыйкырайын дешсе, андай кєрїнїш жок аргасыз кеткен оппозиция «бийликти узурпациялоо жїрїп атат» деп кыйкырып чыгышты. Кандай узурпация, кантип узурпация кылды так айтылган маалымат жок. Жєн гана кыйкырганга себеп керек. Болбосо оппозиция жок деген сєздєр чыгып кетет. Азыр бийликте Атамбаевдин туугандарынан эч ким жок. Ємїрлїк жары деле эч кандай саясат менен иши жок. Партиялаштарын єзїнє тартып жатат деген доомат коелу десек, президент азыр эч кандай партияга мїчє эмес. Єкмєт єзїнїн ишин, парламент єз казанында кайнап, сот єз алдынча, Башкы прокуратура єз алдынча эле иштеп атат. Анан кайдагы узурпация? Кандай узурпация? Эгерде єлкєбїздєгї айрым саясатчылардын саясат айдыўында ишмердїїлїктєрїн їй-бїлє мїчєлєрї менен биргеликте жасап жаткандыгы тууралуу сєз болуп жатса, анда башка кеп. Андыктан мамлекет башчысынын ишмердїїлїгїнєн эч кандай їй-бїлєлїк башкарууну да, узурпацияны да таба албаган соў, айрым саясатчылардын їй-бїлєлїк башкаруунун байкалбаган элементтерин жасап жаткандыгы тууралуу сєз кылалы. «Чї» дегенде «Каршылык Кєрсєтїї Кыймылынын» лидери Ємїрбек Суваналиевден баштабайлыбы? Себеби дал ушул мырза «Кыргызстанда бийликти узурпациялоо болуп атат» деп биринчилерден болуп кыйкырып чыккан эмеспи? Анын артынан калгандары тоту кушчасынан кайталап келишет.

БИЙЛИКТИ КИМ УЗУРПАЦИЯЛАП АЛДЫ ДЕСЕ, АЛ – СУВАНАЛИЕВ ТУРБАЙБЫ? «Бийликти узурпациялоо жїрїп атат» деп кыйкырып алып, анан эле ыў-жыўсыз жоголгон Ємїрбек Суваналиев келерки парламенттик шайлоонун камын кєрїї їчїн кайрадан кыймылга келди. Бирок, баягы узурпация деген сєзїн негедир эми кайталагысы келбейт. Себеби ким эле бийликти узурпациялап жатат десе, ал єзї болуп чыгып атпайбы? Узун сабак сєз кылып отурбай, ток этер жерлерин эле

айтып коелу. Анын бир тууган агасы Жеўиш Исаков учурда Мамлекеттик бажы кызматынын тєрагасынын орун басарлык кызматын ээлеп отурат. Иниси Болот Суваналиев болсо КР наркотиканы кєзємєлдє мамлекеттик кызматынын начальниги. їлкєн кызматтар бекен? Албетте мамлекеттик деўгээлдеги жогорку кызмат орундары. Бир эле учурда эки бир тууганы мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалап аткандан кийин ким бийликти узурпациялап алган болот? Же кимдин їй-бїлєсї башкаруу системасында иштеп жаткан болот? Албетте, Суваналиевдин. Кєрсє, Суваналиев єзїнїн їй-бїлєсїн айтып аткан турбайбы?..

КУЛОВ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП КАЛСА, АНДА ЄЛКЄНЇ СЄЗСЇЗ ХАНАЙЫМ БАШКАРМАК БЕЛЕ? Ушундай экен да кєрсє… Биз ишенип жїргєн темир генерал деле аялынын башкаруусунан чыга албайт экен. Муну ал 2012-жылы Бишкек шаардык кеўешине шайлоо болуп жатканда тастыктап бербедиби. Тактап айтканда ал алы-кїчїнєн тайып баратканын тїшїнїп калдыбы, же дагы кандай себеби бар, айтор партиялык жана саясый процесстерге єзїнїн ємїрлїк жары Ф. Абдрасулованы аралаштыруу аракетин кєрдї. Шаардык кеўештин шайлоосуна ал аялын партиялык тизменин 6-орунуна каттап туруп атказды. Буга байланыштуу шайлоо алдында Куловдун жары партиянын бардык финансылык каражаттарын єзїнїн «Куткаруу» («Спасение») деп аталган коомдук фонду аркылуу єткєздї. Мындан сырткары ал шайлоого карата партиянын атынан талапкерлердин тизмесин каттоодо єзїнє жакын санаалаштарды алдыўкы орундарга коюуга аракет кылды. Муну биз жогоруда сєз кылган Ємїрбек Суваналиев деле тастыктап бере алат. Себеби дал ушул «Ар-Намыстын» лидеринин ємїрлїк жарынын жасаган иш-аракеттеринен улам эки генералдын ортосуна жарака кеткен болчу.

ЄМЇКЕ ДЕЛЕ ЇЙ-БЇЛЄСЇН САЯСАТТАН ТЫШКАРЫ АЛЫП КЕТЕ АЛГАН ЭМЕС Конституциянын «атасы» атыккан «Ата-Мекен» лидери Ємїрбек Текебаев дагы єзїнїн саясый кызыкчылыгын жїзєгє ашыруу їчїн жакын туугандарын активдїї пайдаланып келери белгилїї. Анын бир тууган иниси, маркум Асылбек Текебаев Ємїке кайда барбасын жанында кєлєкєсїндєй эле ээрчип жїрчї. Ал мурда Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгында иштеген. Анан 1996-жылы Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8,5 кг наркотикалык затты алып жїргєн жеринен кармалган. Анын арты менен соттолуп, 1,5-2 жылча темир тор артында отуруп, агасы Ємїрбек Текебаевдин байланыштары аркылуу эркиндикке чыккан. Асылбек Текебаев Єзбекстан Ислам Кыймылынын айрым талаа командирлери менен тааныш болгон. Алардын арасында кадимки Жумабаев Намонгони да болгон. Ошентип жїрїп оорунун айынан бул иниси дїйнєдєн єткєн. Азыркы тапта Ємїкенин дагы бир иниси, КР ИИМинин мурдагы кызматкери А. Текебаев саясый процесстерге активдїї катышып келет. Ал азыр Ош шаарында кийинки жылы боло турган парламенттик шайлоого даярдыктарды кєрїп, саясый-коомдук уюмдар менен жолугушууларды уюштуруп жїрєт. Ошол эле убакта “Улуттар биримдиги” партиясынын єкїлдєрї менен да жолугушуп, “Ата-Мекен” партиясы менен аталган партиянын биригїї мїмкїнчїлїгї тууралуу маселелерди ишке ашыруу аракетинде.

“БУЛЬДОЗЕРДУН” “БУРАМАСЫ” їй-бїлєлїк башкарууга караманча-каршы чыгып келген саясатчылардын бири кадимки

революция “бульдозеру” Азимбек Бекназаров болгон. Бирок, єзїнє келгенде мындай башкаруу майдай жага тургандыгын далилдеп келет. Маселен, ал 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Убактылуу єкмєттїн мїчєсї болуп турганда уулу Русландын ой-да “оромпой тээп” жїргєнїн убагында кєп жазышкан. Атасы аркылуу мамлекеттик кадрларды коюу иштерине да аралашып кетерин кеп кылгандар кєп болгон. Ошондон улам “Айдар жокто Максим бар, Максим жокто Руслан бар” деген сєз айтылып калган. Акыркы жылдарда єзїнїн прициптеринен тайып кеткени їчїн Азимбек мырзанын “аптарыйкаты” бир топ тємєндєп кеткенинен улам саясатка баш-оту менен кирише албай жїрєт. Бирок, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров єўдїї саясатчыларга кеп-кеўешин берип келери белгилїї. Ошол эле убакта єзїнїн уулу Русланды да Равшан Жээнбековго жакыныраак кармап, “Жаўы муун” кыймылына мїчє да кылып койгон. Ошол эле убакта эми Ємїрбек Бабанов менен сїйлєшїп уулун “Республика Ата-Журт” партиясынын атынан келерки шайлоодо депутат кылууга аракет кылып жатканын эшиттик. Буга менимче Бабанов “башын чайкабаса” керек. Себеби 2011-2012-жылдары Руслан мырза Бабановдун жардамы менен Кыргызстандын Япониядагы элчисинин жардамчылык кызматын аркалаган.

ЖАПАРОВДОРДОН САЯСЫЙ «ЖАРМАНКЕ» Садыр жана Сабыр Жапаровдор Кыргызстандын саясый айдыўында 2005-жылдары пайда болгон. Алар дал ушул жылы Жогорку Кеўештин депутаттык креслосуна ат салышууга чыгышкан. Бирок, алардан жакшылык кїтпєгєн жердештери Жапаровдордун депутат болушуна ошондо эле каршы чыгышкан. Бирок, Садыр Жапаров парламентке депутат болуп келет. Анан саясаттан Ташиев, Келдибеков, Кудайбергенов, Мамытов, Арапбаев, Жумабеков, Чолпонбаев, Кадыров, Тїлеев, Тагаев, Ормонов єўдїї досторду табат. Бакиевдердин коюн-колтугуна кирип атып, коррупцияга каршы Комиссар болот. Ити чєп жейт. Агасы Сабырга «Жыргалаў» шахтасын ит бекер баага алып берип жыргатат. Анан ишенген «кожолору» -Бакиевдердин доору бїткєндєн кийин «Ата-Журт» партиясы аркылуу парламентке келет. Жєн жїрбєй мурда тїшїнє да кирбеген «Кумтєр» маселесин кєтєрїп чыгат. Болгондо да ал дагы бир депутат Эркингїл Иманкожоеванын бир нече жылдап топтогон материалдарын пайдаланып, єзїнє саясый упай топтоону кєздєйт. Ошентип 2012-жылдын 3-октябрында борбор шаарыбыздын борбордук аянтында «Кумтєрдї» улутташтыруу керек деп 2 миўдей адамды топтоп алып курултай єткєрєт. Аягында Ак їйдї басып алууга аракет жасашат. Бийликти басып алууга жасаган аракеттери їчїн аларга кылмыш иши козголот. Мына ошондо саясатта Жапаровдордун «жарманкеси» башталат. Садыр мырзанын бир туугандары Сабыр, Давлет, Ороз, Сабырдын баласы – Азат жана бир тууган эже-карындаштары Салтанат, Райкїл аттуулар сот ишине басым кєрсєтїї максатында Жети-Єгїз районунда каршылык акцияларын уюштурушуп, «Балыкчы- Кумтєр» жолун тосушуп, алтын кени электр энергиясын алып турган «Тамга» подстанциясын єчїрїшїп, кїч органдарынын кызматкерлерине атайын чабуул жасашып, бийликтин єкїлдєрїн барымтага алышып, єрттєйбїз деп коркутушуп, айтор толгон-токой мыйзам бузууларды жасашат. Мына ушуну саясатка їй-бїлєсї менен аралашуу деп айтсак туура болобу? Ошол эле маалда Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайыр, уулу Таймурас дагы Жалал-Абад облусунун аймагында каршылык акцияларын уюштуруп, жол тосуп жатышканын билебиз. Бул дагы саясатка їй-бїлєсї менен аралашуу болуп саналат.

АМЕРИКАНЫ АТА-МЕКЕНИНЕН АРТЫК КЄРГЄН АТА-БАЛА ЖЭЭНБЕКОВДОР Саясатта Бабырбек жана Равшан Жээнбеков деген ата-бала бар. Калпты суудай агызуу жагынан экєє бири-бирин алдыга салбайт. Бул экєєнїн аты жалпы коомчулукка 2005-жылдын 13-мартынан кийин дїў эте тїшкєн. Себеби Равшан Жээнбеков Жогорку Кеўештин 4-чакырылышына депутаттыкка ат салышып, жеўилип калган соў, анын тарапташтары атасы Бабырбек баш болуп Талас облустук администрациясынын имаратын басып алышкан. Губернаторун барымтага алышкан. Ошентип 2005-жылдагы революциянын алгачкы кадамын жасоого катышып калат. Бул эмгеги їчїн Равшан Жээнбековду Бакиев 2006-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси кылып дайындайт. Ага чейин 2005жылы Равшан мырзага Мамлекеттик мїлк министрлигин жетектеп тургандагы ишмердїїлїгї їчїн еылмыш иши козголот. Бирок, ага карата толук фактыларды таба алышпай кайра жабышат. 2006-жылы ал оппозицияга єтєєрїн ачыкка чыгарып Малайзиядагы Элчилик кызматтан кетет. Анан ага кайра 2007-жылы укук коргоо органдары тарабынан мурдагы эле ишмердїїлїгї боюнча кылмыш иши жанданат. Мындай шылтоону таба албай турган Равшан мырза тїз эле АКШ беттеп качат. 2008-жылдын май айында ага Мамлекеттик мїлк министрлигин жетектеп турганда «Кайыўды -Кант» заводунун 10 % акциясын реализация кылып алгандыгы їчїн КР финполициясынын инициативасы менен эл аралык издєє жарыяланат. Ошол эле жылдын декабрында Мамлекеттик мїлк министрлигинин имаратын оўдоо їчїн каражаттын кєп сарпталгандыгы їчїн дагы кылмыш иши козголот. Анын бул багытта мамлекетке келтирген зыяны 6 миллион сомду тїзєт. Ошентип 2010-жылы Бакиевдердин доору аяктаган соў кайрадан Кыргызстанга кайтып келет. Андан берки ишмердїїлїгї баарыбызга дайын. Кыскача айтканда «Ата-Мекен» партиясы аркылуу парламентке депутат болуп келип, анан Текебаев менен пикири келишпей партиядан чыгат. Анан «Улуттук оппозициялык кыймыл» аттуу кыймылды тїзєт. 2014-жылдын март айынан бери карай єзїнїн кыймылынын финансы жагын чечип алуу їчїн эл аралык уюмдар менен байланышуу аракетин кєрїп келет. їстїбїздєгї жылдын 10-апрелинде борбор шаарыбызда 15 миў адам топтоп курултай єткєрєм деп болгону 1000ге чукул адам топтогону эсибизде. Ушул эле кїнї єлкєбїздїн ар бир облусунда элди митингге чыгууга їндєгєн. АКШ саясатчылары тарабынан колдоо табуу їчїн сентябрь айында кесиптеши Ємїрбек Абдрахманов экєє АКШдагы Кыргызстандын элчилигине АКШ Конгрессинин сенатору Ж. Маккейн менен жолугушуу уюштуруп берїїсїн єтїнгєн расмий катын жолдошкон. Эске сала кетсек, бул сенатор Украинанын бїгїнкїдєй абалга кептелишине їлкєн салымын кошкон саясатчылардын бири. Равшан мырза сенаторго єзїнїн «Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруунун жаўы концепциясын» кєрсєткїсї келгендигин жашырбайт. Эмне їчїн аны АКШ саясатчысына кєрсєткїсї келгендиги албетте табышмак жана кызык. Ошол эле убакта атасы Бабырбек Жээнбеков дагы америкалыктар менен тыгыз кызматташуу аракетин кєрїп келет. Буга ал жетектеген «Алиби» гезитинин редакциясына Кыргызстандагы АКШ элчилигинин эки єкїлї келип, бир нече саат бою пикир алышып кеткени мисал боло алат. Бабырбек мырза «ээрге» минисп калганда башка адам, «ээрден» жылмышып калганда башка адам болуп каларын эки жолу катарынан далилдеди. Эки жолу Антимонополдук комитетти жетектеп, экинчисинде кол алдындагы кызматкери аркылуу жеке ишкерлерден пара талап кылгандыгы ашкереленип кызматынан кетти. Ошол эле убакта уулу Равшан дагы бийликтин бир єкїлї катары ЖК депутаты болуп отурат. Андыктан саясатка їй-бїлєсї менен аралашып, жеке кызыкчылыктары їчїн аракет кылып жатышкан бул саясатчылар «бийлик узурпациясы» тууралуу ооз ачканга деги моралдык укуктары барбы деген суроо туулат.

Акинай АЙДАРОВА № 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл


6

ЭНЕРГЕТИКА

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ТАЛАШ-ТАРТЫШ: ЭКСПЕРТТЕР ЖАНА АДИСТЕР Энергосистемадагы кризистик кырдаал мындан кєп эмес убакыт мурун эле таптакыр башка талаштарды жаратып келген. Энергетиктер суу каатчылыгы деген эмне жана бул жылы свет бардыгына эмне їчїн жетпей тургандыгын бир эмес, бир нече жолу тїшїндїрїшкєн. Токтогул суу сактагычында суу аз, андыктан электр энергиясын сатып алуу керек. Качан гана єлкє президенти бул маселени чечип, электр алып келїї келишимине келгенден соў талаш-тартыштар башка єўїттє уланды. Айрым эксперттер бул келишимди казак тараптын Кыргызстанга каршы диверсиясы деп да атап жиберишти. Ошол эле эксперттер буга чейин калкты светсиз калтыруу – мына ушул кылмыш деп бекемдеп айтып келишкен… Эске сала кетсек, казак энергетиктери менен макулдашууда 400 миллион кВт саат электр энергиясы 2014-жылдын аягына чейин жана 1,4 миллиард кВт саат 2015-жылы алып келинмек болгон. Кыргызстандыктарды электр энергиясы менен камсыздоонун тїрдїї варианттары

каралган жана бул вариант эў пайдалуусу болгон. Ал эми диверсия деп – эгерде элибиз кыш мезгилинде светсиз калганда айтсак болмок. Анын їстїнє электр энергиясы – бул кєптєгєн їй-бїлєлєрдїн негизги жылуулук булагы.

ПОПУЛИСТТЕРДИН ЭСИНЕ Бизнеси электр энергиясынан кєз каранды болгон ишкерлер кєптєн бери эле электр їчїн кєбїрєєк тєлєгєнгє даяр. Мындан сырткары кєптєгєн бардар турмушта жашаган адамдар їйлєрїндє светтин болушу їчїн капчыктарын жукартууга да даяр. Кышында свети жок отурууну каалабагандар генератор сатып алышууда. Мындай ресурстун єздїк баасы азыр сунушталып жаткан электрдин баасынан кыйла жогору. Калктын бир бєлїгїнє социалдык тарифти калтырып, калганын базар баасында сата берсе болот. Мында калктын негизги бєлїгї кадимкидей эле киловаттына 70 тыйындан тєлєшєт. Негизги кїч байларга жїктєлєт.

ДАГЫ БИ Р “ ПОКАЗУХ А”

10-ноябрь кїнї, дїйшємбїдє “Электр станциялары” ААК басма сєз кызматы билдиргендей, Токтогул ГЭСинин плотинасында видеону онлайн кєргєзгєн камера орнотулуп, ишке киргизилди. “Коомчулукту маалымдар кылуу максатында, “Электр станциялары” ААКы Токтогул ГЭСинде онлайн байкоо жїргїзїп баштады. Веб-камера суу топтомдорунун иштерин їстїбїздєгї убакыт тартиби боюнча кєрсєтїп турат. Камера Токтогул ГЭСнин плотинасынын жогорку бьефинде орнотулган. Кєрсєтїї форматы: видео; саат: GMT+6”, – дейт билдирїїдє. Интернет колдонуучулары www. energo-es.kg сайтына кирип, “Токтогул

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

ГЭС онлайн” деген бєлїмїнєн видеону кєрє алат деп билдирилген болчу. Бирок ал дарек боюнча биз кирип кєрсєк, плотина кєрїнгєнї менен ал плотинада канча суу агып кетип жатканын байкоо мїмкїн эмес экен. Суу бар же жогун гана байкоого болбосо, канча кєлємдє суу кетип жатканы белгисиз. Караўгы киргенден кийин бул камеранын кереги да жок, эчтеке кєрїнбєйт экен! Бул камеранын орнотулушу, “Токтогул ГЭСинен канча суу дайынсыз кетип жатат?” – деген коомчулуктун суроосуна жооп бергенге жардам бериши керек эмес беле?! Ал эми 12-ноябрь, шаршембиде видео тап-такыр кєргєзбєй калыптыр... Бул “ишке” канча акча бєлїнгєнї белгисиз, бирок “чисто для показухи” болуп калганын моюнуна алышып, камераны туура жерге коюп, жарык лампаларын керектїї жерлерге кошумча орнотуп, коомчулук чынында канча суу кеткенин байкоосуна толук шарт тїзїп беришсе, абдан сонун болмок! Бектур БАЙМОЎОЛОВ

ЭСЕП-КЫСАП… СЇРЄТЇН ТАРТЫП ЖАШАЙ БЕРЕБИЗ «Кыргыз тарап казак тараптын кєз каранды кылуучу шарттарына макул болбошу керек болчу, андан кєрє єткєн жылдан тарта єзїбїздїн электр энергияны Бишкек ТЭЦинде максималдуу тїрдє иштеп чыгарыш керек болчу», - деп эсептейт эксперт Эрнест Карыбеков. Максималдуу тїрдє «єзїбїздїн электр энергияны иштеп чыгаруу» їчїн ТЭЦке дагы 325 МВт иштеп чыгарууну кошумча жїктєє керек. Ал їчїн жок дегенде 12 котлоагрегат жана 5 турбоагрегат болушу керек экендигин адистер белгилеп келишет. Муну менен бирге жазгы-жайкы мезгилдерде ТЭЦтин негизги жабдууларынын 70 пайызы пландуу оўдоп-тїзєєлєрдє болот. Андай кылбаса алдыда келе турган кїзгї-кышкы мезгилге даяр болушу кыйын болот. Карыбековдун эсеби боюнча 165 доллардан «Газпромдун» 330 миллион куб метр газын 1000 куб метр электр энергиясын борбордук ТЭЦтен єндїрїї їчїн

жумшаш керек экен, аны менен Токтогул суу сактагычындагы сууну да їнємдємєкпїз деген ойдо. Энергетиктерде болсо башкача кєз караш. «Токтогул суу сактагычындагы сууну їнємдєє їчїн 1,4 миллиард кВт саат электр энергиясын єндїрїї їчїн Бишкек ТЭЦи конденсациялык режимде 325 МВт жїктї 2014-жылдын жаз-жай мезгилдеринде толугу менен кєтєрїшї керек болчу. Мындай жїктї кєтєрїї їчїн 502,3 миллион куб кошумча газ керектелмек». Муну менен бирге 1 кВт сааттын єздїк баасы каралып жаткан мезгилдин баасы боюнча 5,69 сомду тїзмєк. Жылуулук жоготуулары (ТЭЦтин конденсациялык режимде иштєє убагында) 391,3 Гкал/ саатты тїзмєк (саатына 280 миў сом, же айына 201,6 миллион сом). Эксперттер 1,5 миллиард Квт саат электр энергиясын 5-6 айда борбордук ТЭЦте иштеп чыгарса болот, аны менен бирге миллиондорду иштєєгє мїмкїн деп эсептешет. Мына ушундайча теоретиктер менен практиктердин маалыматтары эки башкача болууда. Vz.kg сайтынан которулду

ЭРНЕСТ КАРЫБЕКОВ «КОЖОЮНУН» ЄЗГЄРТТЇ. ЭМИ АНЫ Р.ЖЭЭНБЕКОВ ЖЕТЕЛЕЙБИ? Эрнест Карыбеков аттуу чала сабат энергетика жаатында экспертчалыш бар. Ал кєшєгє артындагы «кожоюндары»: жолбашчысы Феликс Кулов менен вице-премьер Валерий Дильдин буйругун «кыўк» этпей аткараарын, алардын кєрсєтмєсї менен энергетикага байланыштуу сын-пикирлерин таратаарын жазбаган гезит калган жок окшойт. Мына ошол киши УОК лидери Равшан Жээнбековдун долбоору саналган «Жаўы муун» кыймылынын 19-ноябрга белгиленген тегерек столуна катышканы атыр. Жыйында айтыла берип ашмалтайы чыккан «омоктуу ойлорун» ортого салып, єкмєт акени капталган согуп єтєрї айтпасак деле тїшїнїктїї эмеспи. Мындан улам, бир суроо жаралат: Э.Карыбеков «кожоюнун» алмаштырып, эми Равшан Бабырбековичтин жетегине єттїбї? Дегенибиз, Равшан мырза Феликс Шаршенбаевич менен жеў ичинен макулдашып, Э.Карыбековду єзїнє «ижарага» алганы, эўди аны

каалагандай «сайратары» тар чєйрєдє айтылууда. Кєрїнгєндїн «заказын» аткара берген Эрнест мырза цирктин жака белинде, МосСоветтин боюнда жїргєн «кєпєлєктєрдєн» їлгї алганбы дейсиў…


7

ИНСАН Сейдакматова Жамал

Театр жана кино артисти Кыргыз киносунда жана театрына ат кєтєргїс эмгеги менен кыргыздын элдерине аттын кашкасындай танымал, асмандагы чолпон жылдыздай баркы бар кыргыздын театр жана кино артисти Жамал Сейдакматова эжебиз жєнїндє баяндамакчыбыз. Сейдакматова Жамал – театр жана кино артисти, «Туўгуч» жеке менчик театрынын уюштуруучусу жана кєркєм жетекчиси Жамал Сейдакматова Кєл кылаасынын кїўгєйїндєгї Темир айлында туулуп-єскєн. Бала чагынан эле Жамал ырга-бийге шыктуу болуп єсєт. Бирок, орто мектепти аяктагандан кийин, эўсегени ишке ашпай, ал атасынын тили менен Москвадагы жеўил єнєр жай институтуна тапшырып, єтїп кетет да окуп калат. Баары бир жїрєгїн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган институтту 2-курстан таштап, Фрунзеге келе берет. Чыгармачылыгын єздїк кєркєм чыгармачылык коллективинде ырдоодон баштаган Жамал Сейдакматова, акыры, 1957-жылы, Кыргыз мамлекеттик драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры) келип кирип, артист болуп кызматка орношот. Ошондон тартып 1989-жылга чейин, башкача айтканда “Тунгуч” театрын негиздеп, бєлїнїп кеткенге чейин, дээрлик 32 жыл ушул театрдын сахнасында агарып-кєгєргєн, чыгармачылык чоў-чоў ийгиликтерге жетишкен. Аталган театрдын сахнасында Ж.Сейдакматова ондогон ролдорду ойноп, кыргыз элине таанылды. Анын лирикалык маанайдагы, ички маанилерге бай образдарды тїзїїгє чебердиги дал ушул театрдын сахнасынан кєрїндї. Театрда иштей баштаган алгачкы эле мезгилден тартып жаш артистка кыргыз кинолоруна да активдїї тартыла баштайт. Ж.Сейдакматованын 60-70-жылдардын ичиндеги театр єнєрїндєгї чыгармачылык ийгиликтеринин бири Англиялык улуу драматург У.Шекспирдин “Азоого чалма” комедиясындагы Катаринанын образы деп айтылып жїрєт. Ырастан эле бул образ дегеле Ж.Сейдакматованын жалпы чыгармачылыгындагы эў орчундуу жетишкендик болуп саналат. Бир чети сахналаш єнєгї, бир чети ошол кездеги жубайы, таланттуу театр артисти, маркум Болот Шалтаев экєєнїн “Азоого чалмадагы” чыгармачылык дуэти (жубайы Петруччону аткарган), ушул кезге чейин кыргыз театрынын тарыхындагы нукура чыгармачылык єнєктєштїктїн, нукура чыгармачыл атаандаштыктын эў жогорку, эў бийик, эў мыкты їлгїсї болуп эсептелет. Театр менен сахнада Ж.Сейдакматова

кєбїн эсе лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары мїнєздєлїп жїрєт. Бирок, ошол эле аталган “Азоого чалмадагы” Катаринанын, андан соў “Їйлєнїї” спектаклиндеги Агафья Тихоновнанын образдары актрисанын комедиялык мїнєздєгї ролдордун да андан ашкан устасы экенин айгинелейт. Кыскасы, Ж.Сейдакматова кєп кырдуу талант. Обончу Э.Мукамбетовдун “Сайрагїл”, “Айдайлы жашоо кемесин” сыяктуу ж.б. ырларын ырдап чыгып, Ж.Сейдакматова убагында єз замандаштарына таланттуу ырчы катары да таанылган. Кырдармтеатрдын сахнасында жетишкен ийгиликтери їчїн Ж.Сейдакматова 1970-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиўирген артисти, 1977-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти ардак наамдарын алат. Ал эми “Манастын уулу Семетей” драмасындагы Каныкейдин образы їчїн ал 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болот.

ЖАШООНУН ОБРАЗЫ ЖАМАЛ Бирок, Ж.Сейдакматова Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында жетишкен чыгармачылык ийгиликтерине канаатанып, бир орунду таптап туруп калган жок. Анын чыгармачылык жаўылыкка чаўкоосу, умтулуусу, 1989-жылы болочок “Тунгуч” театрынын тїптєлїшїнє алып келди. СССРдин жетекчиси М.Горбачевдун Кайра куруусунун шарапаты тийип, Ж.Сейдакматова пикирлеш артисттердин тобу менен Кырдрамдын ичинде студия ачууга аракеттенип, алгач драматург Ж.Єзїбекованын “Апамдын махабаты” драмасын ишке ашырат. Андан соў ушул эле багытта К.Акматов менен Ж.Кулмамбетовдун “Мунабия” драмасын режиссер А.Сарлыкбековго койдурат.

ачык эле кодулана башташат. Андан ары Кырдарамдын ирегесинде калууга мїмкїн болбой калган, ошондо Ж.Сейдакматова бир катар пикирлештери: М.Токтобаев, А.Єзїбеков, М.Мамбетов, Ж.Балыкбаева, Ж.Жаманбаева, Т.Абдыразаева, Э.Чалабаев, К.Бекбатыров ж.б. менен бирдикте театрды таштап, чыгып кетишет да “Тунгуч” театрын негиздейт. 1990-жылы декабрь айында Кыргызстан театр ишмерлер союзунун имаратынын залында Кыргызстандагы эў алгачкы жеке менчик театр - “Тунгуч” театрынын расмий ачылышы єтєт. “Тунгуч” театрынын ачылышындагы репертуары тємєнкїдєй эле: К.Акматов, Ж.Кулмамбетов, “Мунабия” Ж.Кулмамбетов, “Чынгыз хандын купуя сыры” Ж.Єзїбекова, “Апамдын махабаты”, “Карагыз” 1992-жылы Ж.Сейдакматова, театр коллективини жыйынында «Туўгуч» театрынын кєркєм жетекчиси болуп шайланат.

«ЄМЇРЛЇК ЖАР...»

Жыйырма эки жашымда турмушка чыктым. Кїйєєм таланттуу артист Болот Шалтаев деген адам болгон. Чыгармачыл адамдын, айрыкча аялзатынын жанында, биринчиден, кїчтїї адам болуусу керек. Чынында, интрига, ушак, бут тосуулардын сазынан чыга албай калат экенсиў. Бирок уулум жети жашка чыкканда, Болотум оорудан улам каза болуп калды. Андан кийин тагдыр мени Садырбек менен кошту. Экєєбїздїн ортобузда кызым Ажар бар. Азыр жолдошум экєєбїз чогуу эмгектенип келе жатабыз. Негизи, эки кїйєєм теў мени катуу кармашты. Башкалардай болуп бейчеки бастырбай, жаман чєйрєгє кошпой, талантымды аздектеп келишти. Мен ушуга ыраазымын. Болбосо менин атымды да пайдаланып, ушакка айланткысы келгендер четинен табылмак. Сїйїї... Албетте, адамдын жїрєгїндє сїйїї ар дайым жашашы керек. Бирок ал жан дїйнємдїн бир бурчунда гана жашай турган сезим. Элге жарыя кылуунун кажети жок.

«МЕНИН КУРМАНДЫГЫМ...»

Театрдын ичинде дагы бир театрдын тїзїлїшї ал кездеги Кырдрамдын жетекчилиги їчїн єтє єєн кєрїнїш эле. Ж.Сейдакматова менен анын пикирлештери

–Искусство курмандыкты талап кылат. Айрыкча актёрлук. Балдарыма, жолдошума арноочу мээримимдин жарымын ролдорума арнадым кєрїнєт. Менин курмандыгым їй-бїлєм болду. Азыр артыма кылчайып, балдарыма, жолдошума талаптагыдай кєўїл бурбаганымды, ата-энеме перзенттик эмгегимди єтєбєгєнїмдї байкап, єзїмдї кїнєєлїї сезем. Мен да элдин аялдарындай болуп їйгє киши чакырып, кечинде тамак жасап, балдарымды, кї-

йєємдї кїтїп отурсам болот эле. Бирок кесибим менден башка нерсени талап кылган. Жашоомдогу эў оор жоготуум, тєрєлбєй калган балам болду. Жаштыктанбы же байкабастыктанбы, кєп нерсени кєўїлгє албай, ичимди таўып алып иштей берчїмїн. Ошондо бир нерсе болгонбу, ичимдеги бала єлїї тїштї. Гастролдоп жїрїп да бир ысыкта, бирде суукта калып жїрїп, ден соолугум жабыркады. Ємїр бою маянадан-маяна кїтїп жашадык. Ошентсе да эч кейичї эмесмин. Актрисалык башыўды айланта турган куду баўгизаттай азгырык окшойт. Жиниўди, арманыўды, сїйїїўдї, мээримиўди, эмоцияўдын баарын сахнада тєгїп бересиў. Сахнада миўдеген кєздєрдїн алдында турган учурдагы ырахатты, бакытты эч нерсе менен теўештире албайм.

ТЕАТРДА АТКАРГАН НЕГИЗГИ РОЛДОРУ • Жамал (А. Дыйканбаев, «Мїрєктїн суусу») • Алиман (Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу») ет» • Сейде (Ч.Айтматов, «Бетме-б • Шайыргїл (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт») • Айганыш (А. Токомбаев, «Єлбєстїн їрєнї») • Нази (М.Байжиев, “Тєр адам”) ого • Катерина, (У. Шекспир, «Азо чалма») «Ак • Эркайым (Ш. Садыбакасов, боз ат») • Агафья Тихонова (Н. Гоголь, «Їйлєнїї») • Шафак (М. Карим, «Ай тутулган тїндє») • Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя») єє”) • Кїлсїн (М.Байжиев, “Кыз-Кїй , спир Шек (У. на емо • Дезд «Отелло») • Алмагїл (Ч. Айтматов, К. гы Мухамеджанов, «Фудзиямада кадыр тїн») ор • Эльпи (К.Мамбетакунов, “Ом Хаямдын махабаты”) жаз • Зейнеп (Б.Жакиев, “Кїттїргєн да келээр”) ын • Каныкей (Ж. Садыков, «Манаст уулу Семетей») шуу • Салыя (К. Акматов), «Ажыра тїнї») • Жайдар (Ч.Айтматов, Жаныбарым, Гїлсары) ым • Найман эне (Ч.Айтматов, “Кыл ) кїн” таар кары • Тангабике (Мустай Карим, “Ай тутулган тїндє”) • Мунабия (К. Акматов, Ж.Кулмамбетов «Мунабия») • Кєзї ачык кемпир ( ын Ж.Кулмамбетов, “Чыўгыз ханд ы”) сыр я купу кєз • Ханыша (С.Раев, «Ханышанын ж.б. ы») жаш

КИНОРОЛДОРУ • Зиягїл («Алыскы тоолордо») сы») • Хатша («Караш-Караш окуя ) тер» элес ан батк шка («Та ал • Жам • Фатима («Улан») му») • Бегайым («Ак илбирстин туку ») жол кке кийи • Шайыргїл («Кара ж.б.

Жыргал БЕРДИБЕКОВ № 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл


8

ТЇРКЇН ДЇЙНЄ

Бул жигит гравитация эмне экенин абдан жакшы билет! Бул сїрєттєрдї биринчи кєргєндє, дароо эле – таштар супер-пупер клей менен чапталган деген ой келет. Бирок чынында эч кандай клей сымал эчтеке колдонулбайт. Ландшафт дизайнери Майкл Грабдын айтуусу боюнча, бул жерде негизкиси – баланс. Анын долбоору Gravity Glue деп аталат. Элестетип кєрсєўєр: ушунун баары гравитациянын кїчї менен гана турат.

Бектур БАЙМОЎОЛОВ № 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл


МЕКЕНДИН МЕКЕНЧИЛ УУЛУ

9

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл


10

КЫЎЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА…

Аида САЛЯНОВА, Башкы прокурор:

АМАНБАЕВА КАНТИП "БУМду" БУРМАЛАГАН Чынында «БУМ» эч кандай кургак учукка каршы дары-дармектерди ооруканага тїшїргєн эмес. Урмат Аманбаева бухгалтериялык документтерге, отчётторго жалган маалыматтарды киргизип, «БУМ» ЖЧКсы тарабынан келди деп кєрсєтїп жїргєн. Ошол жалган документтердин негизинде «БУМ» ЖЧКнын банктагы атайын эсебине дары дармектер їчїн деп акча каражаттары которулуп келген Улуходжаева «БУМ» ЖЧКсынын жетекчиси катары банктан атайын эсептен акча каражаттарды алып, анын беш пайызын єзїнє, 95 пайызын Урмат Аманбаевага берип жїргєн. «БУМ» ЖЧКсынан жалпы суммасы 450 миў сомдук дары дармектер келип тїштї деген жалган 2009-жылдын 11-июнундагы 24 жана 25 счет фактуралары кийинки июль айына дагы кирештеп, Аманбаева бир эле счет фактуралар боюнча эки жолу меморандумдук ордерге кол коюп, жалпы суммасы 900 миў сомду мыйзамсыз «БУМ» ЖЧКсына которуп жиберген. Ошондуктан Урмат Аманбаеванын кыймыл аракеттеринде Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бєлїгїндє кєрсєтїлгєн кылмышы бар болгондуктан 2014-жылдын 27-октябрында анын їстїнєн Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси менен кылмыш иши козголгон. 2014-жылдын 30-сентябрында кылмыш иштин алкагында Ош областык кургак учукка каршы кїрєшїї борборуна комплекстїї документалдык ревизия жана аудитордук текшерїї дайындалган. Журналдардын жоголдугуна байланыштуу 2008-жылдан бери ооруканада дарыланган ар бир оорулуунун бейтап баянын текшерїї менен мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы аныкталып, ал зыян 17 миллион 263 миў 500 сомду тїзгєн. 2010-жылы Урмат Аманбаева Жогорку Кеўешке депутат болгондон кийин єзїнїн ордуна кїйєє баласы Асановду борбордун директору Байсаловдон суранып єзїнїн ордуна башка эсепчи кылып сїйлєшїп киргизген. Тергєєдє суралган Асанов аны чынында эле кайнежеси єзїнїн ордуна башкы эсепчи кылып дайындаганга жардам берип, бирок Ош шаарына

келип бухгалтердик отчётторду єзї жазып берип «БУМ» ЖЧКсына которулган акчаларды 2013-жылга чейин Аманбаева алып жїргєнїн кєрсєткєн…

ИНИСИНИН ТИЕШЕСИ ЖОК… Жыйын жїрїшїндє депутаттардын бири: «Аида Жеўишбековна, Урмат Аманбаева депутаттарга билдирїї таратты. Анда: «Менин акыйкатчы иним їчїн ушундай куугунтук болуп жатат» деп жазыптыр. Аны бїт депутаттар окуган. Ушуга сиздин комментарийиўиз кандай болот да?» деген суроого Башкы прокурор: «Мен жана айтып кеткендей март айында Саламаттык сактоо министрлигинин департаменти текшерип жатат, анын корутундусу болуп жатат мыйзам бузуулар болгон деген. Анан кийин апрелде ошол Ош, Баткен, Жалал-Абад боюнча Эсептєє палатанын аймактуу бєлїмї корутундусун чыгарып жатат бул жерде, мыйзам бузуулар болгон деп. Андан кийин ГСБП 2013-жылы май айында иш козгоп жатат. А Омбудсмен єзїўїздєр билесиздер 2013-жылы октябрда шайланган. Бул чечимдердин баары Аманбаев шайланганга чейин эле кабыл алган. Бул жерде эч кандай жеке мамиледен чыккан бир иштер жок. Анткени ошол эле мен дагы кєрдїм ал кайрылууну, ошол жерге жазган Омбудсмен прокуратуранын да эмес, Салянованын мыйзам бузууларын аныктап, сотко кайрылып, сот чечимдери менен иш аракеттери аныктап сотко кайрылып, сот чечимдери менен иш аракеттери мыйзамсыз деп табылган деп. Бїгїнкї кїнї мен айтып койгум келет ошондой бир дагы чечим жок. Анткени ошондой айтылгандан кийин мен єзїм дагы анализ кылдым, анткени балким мен болбосом дагы аймактарда ошондой чечим болгон деп, бїт республика боюнча суранып чыктык бардык прокурорлордон, андай чечимдер чыкпаптыр Омбудсмендин кайрылуусу боюнча…» деп жооп узатты.

ЖУМУШСУЗДУКТУ ЖЕЎЇЇ ЇЧЇН – «КУМТЄР» МЕНЕН КЫЗМАТТАШ Єлкєбїздєгї орчундуу кєйгєйлєрдїн бири – бул жумушсуздук экендиги белгилїї. СССР ыдырап, Кыргызстан єз алдынча кєз карандысыз мамлекет болгондон бери карай жумушсуздук кєйгєйї чечилбей келет. Мурда иштеп келген завод-фабрикалар таланып-тонолуп, колхоз-совхоздор таркап кеткенден кийин элибиз «алаканын шак коюп, кєчїгїн жерге так коюп» кайдан жумуш таап, кайсыл каражатка жашаарын билбей баштары маў болуп калган. Акыры аргасы тїгєнгєн мекендештерибиз бактысын чет єлкєлєрдєн издеп суудай агылып кетти. Буга бїгїнкї кїндє бейрасмий маалыматтар боюнча 1 миллион кыргыз жаранынын Россияда оокат кылып жїргєнї толук мисал боло алат. Кыргыз бийлиги Акаев доорунан тарта эле «Инвесторлорду тартабыз, єндїрїштї жандантабыз, жумушчу орундарын тїзєбїз» деген кулакка жагымдуу убадаларын берип келет. Тилекке каршы аны жїзєгє ашыруу акыркы учурларда жомокко айланып баратат. Тескерисинче инвесторлордун жолун тороп, куугунтукка алуу аракеттери менен инвесторлорду кызыктыруудан да калып баратабыз. Ошентип «Єгїзїм єлбєсїн, арабам сынбасын» деген басык менен гана экономикабыз кылдырап келет. Бирок, мына ушундай жагдайда башкаларга їлгї кєрсєтїп, єлкєбїздє чакан єндїрїш иштерин жандантуу аракеттерине салым кошуп жаткан «Кумтєр» компаниясы бар экендигин эске алышыбыз керек. Бул ишкана бїгїнкї кїндє єзїнїн єндїрїшїнєн сырткары дагы бир нече жїздєгєн чакан ишканалардын, фермерлердин, жеке ишкерлердин стабилдїї иш жїргїзїїсїнє тирек болуп келет. Компания азыркы тапта азык-тїлїк, товар жана башка кызмат кєрсєтїїлєрдї жасаган 600дєн ашуун жеке ишкерлер менен кызматташат. Албетте, компаниянын мындай кызматташуудагы талабы кїчтїї - биринчиден, азык-тїлїктєрдїн жана товарлардын сапаты жакшы болушу шарт. Ага жараша баасы да жогору болот. «Кумтєр» менен кызматташкан кандай гана чакан ишкана болбосун, ал єзїнїн бизнесинин стабилдїїгїнє тереў ишене алат. Анткени кандай товар болсо да, канча санда, же канча кєлємдє сатып ала тургандыктарын компания алдын-ала контрак аркылуу бекемдеп

берет. Мындай стабилдїїлїк єлкєбїздє чакан єндїрїштєрдїн жандануусуна чоў єбєлгє экендиги айтпаса да тїшїнїктїї. Бул бир жагы. Экинчи жагынан «Кумтєр» мындай ишмердїїлїгї менен єлкєбїздє кошумча жумуш орундарын тїзїп жатканын айтып коюшубуз керек. Компанияга кызмат кєрсєткєн 600дєн ашуун жеке ишкердин ар биринин карамагында орточо эсеп менен 7ден гана жумушчу бар деп эсептегенде, алтын кени єздєрїнїн єндїрїшїндє иштеген 3000дин тегерегиндеги кыргыз жарандарынан сырткары дагы 4000ден ашуун адамды жумуш менен камсыз кылып жаткан болот. Аталган компаниянын вице-президенти Лесли Лоунун айтымында алар мындан ары дагы жергиликтїї рынок менен кызматташууну кїчєтїї аракеттерин кєрїп келишет. Бул багытта "Кумтєр" менен кызматташууну каалаган жеке ишкерлер їчїн ар дайым эшик ачык. Болгону єздєрїнїн кандай кызмат кєрсєтє ала тургандыктарын конкреттїї кєргєзїп берїїлєрї керек. Алар сунуштаган азык-тїлїктєр, же товарлар сапаттуу болушу шарт. Ага жараша «Кумтєр» жогорку єлчємдєгї бааны коюп беришет. Компаниянын мындай демилгеси жеке ишкерлик менен алектенїїнї кєздєгєн жарандарыбыз їчїн эў сонун шарт экендиги белгилїї. Компания єндїрїшкє дагы, анда иштеген кызматкерлерге дагы керектїї бардык товарларды сатып алат. Эгерде компаниянын аракети менен єлкєбїздє дагы жаўы чакан ишканалар ачылып иштей баштай турган болсо, демек ага жараша дагы кошумча жумушчу орундары пайда болот. Бул бїгїнкї кїндїн орчундуу талабы. Ага салым кошуп жаткан компаниянын демилгесинен пайдаланып калуу єзїбїздїн гана кызыкчылыгыбызга багытталат.

Сайдулла НЫШАНОВ, ЖК депутаты, “Ата мекен” фракциясы:

“ТЫНЧТЫК БОЛОТ, БИЗГЕ ТЫНЧТЫК КЕРЕК” Парламенттин кечээги отурумунда 2015-жылдын бюджет долбоору талкууланды. Жыйын маалында ар кыл ойлор айтылды. Маселен, “ата мекенчи” Сайдулла Нышанов єкмєттїн кемчиликтерин айтуу менен бирге жалпы коомчулукту ынтымакка чакырды. Тємєндє анын сєзїн кыскартып сунуш кылабыз. - Бїгїн биз 2015-жылдын бюджетин талкууладык. Мен жеке пикиримде депутаттардын кээ бирлеринен эў мыкты, эў жакшы сунуштар тїштї. Мен ойлойм, ушунун баарын 2-окууга тандап, талдап, кошумчалап келесиздер. Бюджеттин чыга-

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

ша бєлїмїн ар дайым бєлгєнгє, таркатканга биз кєп суроолорду беребиз, катышабыз, муну кєрїп турабыз. Бирок эч качан бюджеттин киреше бєлїгїн талкуулабайбыз. Мисалы, мага чейин дагы депутаттар айтып єттї. Мен эртеў менен дагы айтканмын Жоомарт Кайыпович, ошол жанагы кээ бир маселелерде биз єтє шалаакылык кылып коюп жатабыз. Бул мамлекеттин бюджети, бул тирїї организмде да. Ар дайым талап кылып турат. Эгерде биз кошумча алып келбесек, эмдиги жылы жетпей, мына кээ бирєєлєр тигил, бул деп айтып жатышат. Сїйїнїп, ушул на-

чар болуп кетсе жакшы болот эле деп. Мен андайга кошулбайм. Начар болуп кетсе, эч кимге жакшы болбойт. Бийлик дагы пландап жаткандарга тийбейт. Бийлик, ал кимге кудай буйруса, ошого тиет, бирок Феликс Шаршенбаевич туура айтты. Эч нерсе болбойт кудай буйруса. Элдин баары айтып жатат эле кыш катуу болот. Мына ноябрдан баштап чєп жетпей калат деп. Дагы бир 15 кїн кїз узарып турса, мен ойлойм кудай буйруса жакшы кыштан чыгып кетебиз. Свет дагы болот, чєп да жетет. Акмат РААТКАН


ЖЕРГИЛИКТЇЇ ЖАЎЫЛЫКТАР ЄКМЄТ ДЕКАБРДЫН АЯГЫНА ЧЕЙИН «КУМТЄР» БОЮНЧА ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛАТ, Мамгеология жетекчиси Д.Зилалиев «Кумтєр» долбоору боюнча, белгилїї болгондой, анын тїзїмїн кайра єзгєртїї боюнча консультативдик кеўеш тїзїлгєн. 11-ноябрда «Биринчи радионун» эфиринде Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин директору Дїйшєнбек Зилалиев окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып. Анын айтымында, иштер жїрїп жатат. «Декабрдын аягына чейин бул маселе боюнча чечим кабыл алабыз деп ойлойм. Сиз туура айтып жатасыз, Кыргызстандын ички дїў продукциясынын Кумтєрдєгї їлїшї 10 га чейин тїзєт, бул чоў сандар. Ошондуктан биз аны сактап калышыбыз керек», - деди ал.

Оторбаев:

КАЗАКСТАНДАН ЭНЕРГИЯ ЖАНА ОТУН САТЫП АЛУУГА БЕШ МЛРД. СОМ КЕРЕК Казакстандан 1 миллиард 400 миллион киловатт/саат электр энергиясын сатып келїїгє жана Бишкек ТЭЦин отун менен камсыз кылууга жалпысынан 5 миллиард сом талап кылынууда. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин бїгїн парламентте маалымат берип жатып айтканына караганда, мындай акча бюджетте мурда каралган эмес. Єкмєт башчы Кыргызстан электр энергиясын экспорттогон єлкєдєн импорттоочу єлкєгє айланганын эскертип, жо-

БИШКЕКТЕГИ 11 КАБАТТУУ ЇЙДЇН ЖЕР ТЄЛЄЄСЇНДЄ ЧЫККАН ЄРТТЄН «ЛЕКСУС», «ЛЕНДКРУЗЕР», «РЕНЖРОВЕР» УНААЛАРЫ КЇЙЇП КЕТТИ (унаалар тизмеси)

13-ноябрда таўкы саат 03:09да Совет кєчєсїндє жайгашкан №87/2 дарегиндеги 11 кабаттуу турак їйдїн жер тєлєєсїндє єрт чыгып, анын кесепетинен 6 жеўил унаа толугу менен кїйїп кетти. Бул тууралуу ЄКМдин басма сєз кызматы билдирди.

Автоунаалар, 1. мамлекеттик № В 61-96 АС «Лексус GХ», ээси Э. Р. Жолдубаев; 2. мамлекеттик № В 99-53 АС «Тайота Лендкрузер», ээси М. Р. Рахимов; 3. мамлекеттик № 15-18 ВС «Мерседес с500», ээси Ч. И. Арабаев; 4. мамлекеттик № В 05-55 ВС «Ренжровер»; 5. мамлекеттик № С 306 ЕР9 «Тайота Камри»7; 6. мамлекеттик № В 57-99 АС «Мерседес с500» ээлери такталууда.

Єрт єчїрїїчїлєр тарабынан 11 адам куткарылып, 30 адам эвакуацияланды. Тез жардам менен бир топ адамды алып

горуда айтылган сумма кайсы булактан алынары анык эмес экенин кошумчалады.

Тєрага А.Жээнбеков депутат Д.Бекешевге:

СИЗ МЕНИ КАТЫШЫП ЖАТКАН ДЕПУТАТТАРДЫ САНАГАНГА МАЖБУРЛАЙ ТУРГАНДАЙ ДЕЎГЭЭЛГЕ ЖЕТЕ ЭЛЕКСИЗ 12-ноябрда депутат Дастан Бекешев («Ар-Намыс») депутаттардын Жогорку Кеўештин сессияларына катышуу жана ишеним боюнча жыйында жок коллегалары їчїн добуш берїїнїн кєйгєйїн кєтєрдї. Депутат Д.Бекешев парламент жетекчиси Асылбек Жээнбековдон, «Сиз мусулман катары кєзї азиз адамды алдабайсыз жана кїнєє кылбайсыз, айтыўызчы, бїгїн канча депутат катышып жатат?», - деп сурады. «Сиз эмне мен катарлар боюнча чуркап барып депутаттарды санаганымды каалайсызбы? Кээде утулганды дагы билиш керек. Эгер сиз мусулман болсоўуз муну менен алектенбеўиз, жагдайды бурмалабаўыз. Сиз мени санаганга мажбурлай тургандай деўгээлге жете элексиз»,- деп жооп узатты Жээнбеков. Белгилей кетсек, депутаттар бїгїн Дастан Бекешев демилгелеген 2 мыйзам долбоорду: «КР айрым мыйзамдык акттарына єзгєртїїлєрдї киргизїї жєнїндє (жєнгє салуу таасирин талдоо)» («КР укуктук-нормативдик акттары жєнїндє», «КР Жогорку Кеўешинин Регламенти жєнїндє» мыйзамдар) жана «Лотереялар жєнїндє» мыйзам долбоорлорду артка кайтарышты.

ТЇРКМЄНСТАН КЫРГЫЗСТАНГА 700 МЛН КВТ. СААТ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН БЕРЇЇГЄ ДАЯР Тїркмєнстан Кыргызстанга 700 млн кВт.саат электр энергия берїїгє даяр. Бул тууралуу 11-ноябрда КР президенти Алмазбек Атамбаев Тїркмєнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Ашхабад шаарындагы расмий жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча єткєн маалымат жыйында билдирди. «Бул ийгиликтїї жана фундаменталдуу сїйлєшїїлєр болду. Биз бир катар маанилїї: жылуулук-энергетикалык, газ, тїркмєн электр энергиясын Кыргызстанга камсыздоо маселелерин талкууладык. Азыр Кыргызстанда жакшы эмес абал экендиги жашыруун эмес. Тїркмєнстан 700 млн кВт.саат электр энергия берїїгє даяр. Ал эми келечекте - 1 млрд кВт.саат жана андан да кєп электр энергия берїїгє даяр»,- деди А.Атамбаев. Кыргызстандын президенти транзит маселесин чечїї керектигин белгиледи. «Эртеби, кепчи ал дагы чечилет», - деди ал. Тїркмєнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов єз кезегинде, соодаэкономикалык чєйрєдє Кыргызстан менен Тїркмєнстандын ортосундагы товар айлантуунун кєлємїн кєбєйтїї керектигин белгиледи.

ПАРЛАМЕНТ «ЛОТЕРЕЯ ЖЄНЇНДЄ» МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН КОЛДОГОН ЖОК «Лотерея жєнїндє» мыйзам долбоору парламенттин 12-ноябрдагы отурумунда колдоо тапкан жок.

КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК кеткен. Алардын аты-жєнї такталууда. Маалымат иликтенїїдє. Кара-Кулжада Тар дарыясына унаа менен бирге кулап, изделип жаткан жарандардын денелери табылды Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл аймагында Тар дарыясына тїшїп кеткен унаа менен бирге кулап, дайынсыз болуп изделип жаткан жарандардын денелери табылды. ЄКМдин басма сєз кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын 11-ноябрында саат 21:30 чамасында Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 80-чакырымында (мамномур И 7369 ОШ) «УАЗ-469» їлгїсїндєгї унаанын айдоочусу унааны башкара албай, ташты сїзїп, Тар дарыясына тїшїп кеткен. Унаада жалпы 9 жїргїнчї болгон, анын ичинен 7 адам жабыркаган. Алардын абалдары жакшы, бирок 2 адам дайынсыз жоголгон. Маалыматка ылайык 12-ноябрда ЄКМдин Кара-Кулжа райондук бєлїмїнїн башчысы, №66 єрт-куткаруу бєлїмїнєн 4 куткаруучу, 1 фельдщер жана райондук ИИМ кызматкери тартылып, жоголгон жарандарды издєє иштери жїргїзїлдї. Жыйынтыгында саат 10:00дє каза болгон 2 адамдын сєєгї табылып, туугандарына єткєрїлїп берилди. Єзбек чек арачылары ок чыгарган Кызыл-Кыя–Кадамжай транзиттик жолундагы окуяда жашынып калууга жетишкен экинчи катышуучу кєрсєтмє берип баштады, - РИИБ Баткен облусундагы Кызыл-Кыя– Кадамжай транзиттик унаа жолунда 10-ноябрда болгон окуя боюнча иликтєє иштери жїргїзїлїп жатат, деп маалымдайт Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сєз кызматы. Мурдараак маалымдалгандай, Кызыл-Кыя–Кадамжай транзиттик унаа жолунда єзбекстандык чек арачылар тарабынан жарадар болгон Кыргызстандын жараны Єзбекстан-

дын Фергана районунун Вуадиль калктуу пунктундагы оорукананын жандандыруу бєлїмїндє дарыланууда. Анын бутуна операция жасалды. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, анын абалы оор боюнча калууда. Кадамжай РИИБдин билдирїїсї боюнча, аталган жаўжалдын экинчи катышуучусу, єзбекстандык чек арачылар тарабынан ок атылган жаўжал учурунда жашынып калууга жетишкен Марказ айылынын тургуну окуя боюнча кєрсєтмє берип баштады.

11 Аталган долбоор лотерея компанияларынын ишмердїїлїгїндєгї ачыктуулукту камсыз кылуу, лотерея оюндарын єткєрїїдє катаал талаптарды аныктоо максатында демилгеленди.

Мыйзам долбоору учурдагы «Лотерея жєнїндє» мыйзамдын тїзїмїн толугу менен єзгєртїї, лотереялык ишмердїїлїктєгї так систематизацияланган ченемдерди аныктоону сунуштайт. Добуш берїї їчїн 84 депутат каттоодон єтїп, жыйынтыгында 28 депутат «макул» деген добуш берсе, 56 депутат «каршы» чыгып, колдогон жок. Депутат Дастан Бекешев («Ар-Намыс») лотерея менен иш алып барган компанияларга катаал талаптарды коюнун зарылдыгы жєнїндє пикирин билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча окуучуларга лотереялык билеттерди сатпоо боюнча мындан ары механизмдерди жана ченемдерди иштеп чыгуу їчїн тегерек стол єткєрїї пландалып жатат. Ошондой эле, Д.Бекешев мыйзам долбооруна кайра добуш берїїнї сунуштады. Парламенттин тєрагасы Асылбек Жээнбеков бул долбоорго «каршы» добуш бергендердин саны кєп болгондугун белгиледи. Ошондой эле, депутат Айнуру Алтыбаева («Ар-Намыс») регламентке каршы келгендиктен, кайра добуш берїї мїмкїн эместигин кошумчалады.

рым учурларга анын жакталуучусун толугу менен актай албаса», анда ал жаза колдонуунун чараларынын тємєндєтїшїн суранды. Калган жактоочулар менен мамлекеттик айыптоочулар соттун кийинки отурмунда сїйлєшєт.

СИРИЯДА ИГИЛ КАТАРЫНДА СОГУШТУК АРАКЕТТЕРГЕ КАТЫШКАНДЫГЫ ЇЧЇН СОТТОЛГОН КЫРГЫЗСТАНДЫК 3 ЖАРАН КАМАКТА Сирияда ИГИЛ (Ирак жана Леванта ислам мамлекети) катарында согуштук ара-

Экс-мэр Н.Тїлеевдин иши:

СОТТО ТАРАПТАРДЫН ЖАРЫШ СЄЗЇНДЄ ЖАКТООЧУЛАР СЇЙЛЄШТЇ 12-ноябрда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Тїлеевдин иши боюнча сот процессиндеги тараптардын жарыш сєзїндє соттолуучулардын жактоочулары сєз сїйлєштї. Анда муниципалдык менчик кызматы башкармалыгынын мурдагы жетекичси Руслан Бейшебаевдин, мурдагы вице-мэр Валерий Корниенконун, шаар мэриясына караштуу Бишкек шаардык автотранспорттук ишканасынын мурдагы жетекчиси Медет Кожобергеновдун, «Тазалык» МИ мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Бакыт Сыдыковдун жана таштанды ташыгычтарды сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мїчєсї Билимбек Токтобековдун жактоочулары сїйлєштї. Баардык жактоочулар 2013-жылдын 29-майындагы биринчи истанциядагы соттун чыгарган чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп аташты. Мындан тышкары соттук коллегадан алардын жакталуучуларына карата актаган чечим чыгарууларын суранышты. Р.Бейшенбаевдин жактоочусу Нина Зотова єзїнїн сєзїндє эгер «соттор ай-

кеттерге катышкандыгы їчїн соттолгон кыргызстандык 3 жаран кармалды. Бул тууралуу 12-ноябрда «Дело №» гезити орусиялык басылмаларга таянуу менен билдирди. Орусиялык «Биринчи канал» «Єз кєзїм менен» долбоорунун алкагында Сириядагы согуш тууралуу телерепортажды трансляциялаган. Бул мамлекеттин бийлиги журналисттерге сириялык мамлекеттик коопсуздук кызматынын «Мухабарат» абагын тартууга мїмкїнчїлїк беришкен. Журналисттер їч игилчини тартышкан, алардын баары Кыргызстандын жарандары болушкан. Бирок бирєєсї гана - Шухрат Бабажанов – бир аз орус тилин билген. 26 жаштагы Ш.Бабажанов, Сирияга Интернетте дїйнєнїн бардык мусулмандарын ислам мамлекети їчїн барып салгылашууга чакырыкты окугандан кийин келгенин тїшїндїргєн. Сириядагы Кыргызстандын жарандарын єлїм жазасы кїтїп турат.

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл


12

ТАЛАНТ

TANGO’ДОН СТРИП-КОМИКС Комикс (англисчеден – comic – кїлкїлїї) – сїрєттє берилген кїлкїлїї баян. Комикс єзїнє адабият жана кєргєзмє искусствону камтыйт. Комикс бир сїрєт – “стрип”, же бир нече сїрєттєрдєн туруп “графикалык роман” деп аталат. Ал эми жапон комикстери “манга” деп аталат. Ушундай стрип-комикстерди мыкты тарткандардын бири – Tango. Ал жєнєкєй бирок ошол эле малда бир топ курч маанилїї, бир башкача комикстердин автору. Жєнєкєй кєрїнчї нерселерди ал башкачасынан карай билгени абдан таў калычтуу.

Бектур БАЙМОЎОЛОВ № 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл


13

ПАЙДАЛУУ КЕЎЕШ

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ БАР Эшикте аба ырай сууктап, кыштын сїрєтїн єзїнїн ызгаар суугу менен тартып жатканда, адамдар ар кандай орууларга байланып сыркоолоп калат эмеспи. Дарылануу їчїн ар тїрдїї ыкмаларды колдонуп келишет. Жада калса аарынын уусу менен дарылангандар арабызда кїндєн-кїнгє кєбєйїїдє. Ал эми карапайым адамдар “бал” дегенде кїнїмдїк тамак катары колдонуп жаткан балды элестетебиз. Врачтар болсо биринчи эле анын адамдын ден соолугуна тийгизген касиеттїї таасирин айтат. Ал адамдын эў таттуу тамагы да, алмашкыс кымбат баалуу дарысы да болуп эсептелет. Анда анын касиеттери жана адамдын ден соолугуна пайдасы тууралуу сєз кылмакчыбыз.

ААРЫНЫН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ ТУУРАЛУУ ТАРЫХЫ Апитерапия - медицинанын жаўы багыты, ал латын тилинен которгондо "apis, аары" дегенди тїшїндїрєт. Апитерапиянын эў негизги куралы: бал, гїл чаўчалары, прополис, аарынын уусу, гомогенат, ж.б. Медицинада "апитерапия" боюнча биринчи илимий ишти 1894 - жылы профессор Лукомский жазган. Ал анда ревматизмди жана муун ооруларын изилдеп чыккан. Андан кийин 1941-жылы профессор Артемов аарынын уусун изилдеп, анын курамында иммунитетти жогорулатуучу зат бар экендигин жана нерв системаларына пайдалуу экендигин аныктап, ал боюнча илимий иш жазган.

БАЛ ТУРАЛУУ Балдын антисептикалык жана сезгенїїгє каршы касиеттери медицина тармагындагы айрым адистерди таў калтырат. Канаданын «Глоб энд мейл» гезитинде: «Туруктуу микробдорго каршылык кєрсєтє албаган эў эле кїчтїї антибиотиктерден айырмаланып, бал инфекцияланган жарадагы микробдордун, жок эле дегенде, айрымдарын жок кылат»,— деп айтылган. Балдын дарылык касиети эмнеде? Бул суроого жооп алуу їчїн, гїлдєрдєн нектар жыйнаган жумушчу аарыны карап кєрєлї. Аарынын шилекейиндеги глюкозооксидаза нектардагы глюкозанын бєлїнїп чыгуу процессинде негизги ролду ойнойт. Ошол процессте бєлїнгєн кошумча продукт, суутектин кычкылы, адатта, жараатты дезинфекциялоо жана тазалоо їчїн колдонулат. Бирок суутектин кычкылынын таасири узакка созулбайт, ал эми бал менен аралашканда ал башкачараак таасир этет. «Жарааттан бєлїнгєн суюктук менен аралашканда балдын табигый кислоталуулугу тємєндєйт»,— деп билдирет «Глоб» гезити. Так ошол кислоталуулугу тємєн чєйрєдє фермент таасирин тийгизе баштайт. Балдын составындагы кант акырындык менен бир калыпта эрийт. Натыйжада, жарааттагы бактерияларды жок кыла алган, ошол эле учурда жарааттын тегерегиндеги соо ткандарга эч кандай зыян келтирбеген єлчємдє суутектин кычкылы бєлїнїп чыгат. Бал адамдардын баарына эле дары боло бербей турганы эскертилген. Балда беш пайызга жакын ботулис таякчалары болот. Ботулизм оорусу боюнча иш жїргїзгєн канадалык уюм жана педиатрлар ассоциациясы бир жашка чейинки балдарга бал бербєєнї кеўеш кылышкан, анткени «ымыркайлардын ичегисиндеги микрофлора организмди бактериялардан коргой аларлык деўгээлде єрчїй элек».

“БАЛ” БАЛ МЕДИЦИНАДА

Медиктердин далилдєєсї боюнча бышык бал жїздєгєн ооруларды айыктыра алат. Экинчи кылымда жашаган байыркы рим дарыгери Гален єз убагында эле балдын касиетине таў берип: “ден соолукту чыўдоодо жана ооруларды айыктырууда балдан ашкан дары жок” деп айткан. Ал эми байыркы чыгыш жазууларында балдын организмдеги уулу заттарды жєндєєрї тууралуу айтылган.

БАЛДЫН КАСИЕТИ: Балда 300дєн ашуун пайдалуу заттар бар. Єзгєчє дем алуу системаларына, жїрєк тамырларына, артериалдык кан басымга пайдалуу. Бал шыбап массаж жасатсаўыз — булчуўдар чыўалат. Аз кандуулук менен жабыр тарткандар балды колдонушса жакшы, анткени, бал кандын гемоглобинин жогорулатып, таў эрте ачкарын бир чай кашык бал жеген адамдын иммунитетти кєтєрїлєт. Бал организмге тез жана 100 пайыз сиўет. Ошондуктан ал тамак сиўирїїнї, тамакка болгон табитти жакшыртат. Пайдалуулугу жагынан балга бир дагы жашылча теў келе албайт. Ал эми калориялуулугу жагынан ал нан, эт, боор, балыктардын катарында жїрєт. Балды пайдалануудан кандын тїзїлїшї жакшырат, иммунитет кєтєрїлєт, мындан тышкары ал кїчтїї энергиянын булагы болуп эсептелинет, ошондой эле бал организмди мезгилинен эрте картаюудан сактайт

ЄЗГЄЧЄЛЇЇ ТЕРАПИЯ КАСИЕТИ Балдын негизги дарылык касиети анын аарылар аркылуу ар кандай касиеттїї єсїмдїктєрдєн чогултулгандыгында сакталган. Ошондуктан анын ар бир тїрї – єздєрїнїн єзгєчєлїї терапия касиетине ээ. Адамдын дем алуу органдары ооруганда- абасы таза тоолордогу гїлдєрдєн чогултулган тоонун балын колдонушу керек. Бєйрєк ооруганда - жазындагы айылдардын талааларындагы керемет чєптєрдєн жасалган балды колдонсо болот. Нерв жана жїрєк ооруларына - жайында жасалган бал жакшы. Талаалардагы гїлдєрдєн жасалган бал болсо – тамак сиўирїї системасынын ар кандай ооруларын айыктырат. Адамдын организми балды єзїнє єздєштїрїїдє, сиўирїїдє жана иштеп чыгууда анча деле кыйналбайт жана ал процесс башка азыктарга салыштырмалуу жеўил жана аз убакытта жїрєт. Кєрсє, эмгекти сїйгєн чаяндар биз їчїн иштин баарын жасап коюшат экен. Ден соолуктун жалпы чыў болушу їчїн ар бир адамга суткасына 4-6 чай кашык балды ичип коюусу ашыкча болбойт. Анткени, бал нерв системасын эс алдырат, жїрєктїн булчуўдарын чыўдайт, канды тазалап турат жана адамдын кїчїн калыбына келтирет. Ошондуктан мїмкїн болушунча денелик оор жумушту аткараардын алдында жана андан кийин бал колдонуш керек. Спорт менен машыккандарга бул маанилїї. Ооруларды алдын алууда жаўы балдарды колдонгон жакшы. Жапайы арылардын балы ден соолук їчїн коркунучтуу. Ал эми дїкєндєрдє сатылган балдар 49 градуска чейин жылытылат. Тилекке каршы 41 -42 градус жылуулукта балдын кїчтїї касиети жоголуп кетет.

КАЙСЫ ООРУГА КАНДАЙ БАЛДЫ КОЛДОНУШ КЕРЕК? Кара кїрїчтєн жасалган кїрєў тїскє ээ болгон бал темирге, белокко жана

кычкылтекке бай. Бул бал кан аздарга пайдалуу. Суук тийип жана вирус ооруулары менен ооруганда сары тїстєгї балды колдонгон жакшы. Ал єзїнїн организмди чыўдай турган касиети менен айырмаланат. Акациядан жасалган бал эркектерге пайдалуу. Ал потенцияны кєтєрєт жана бєйрєк, табарсык ооруларына жардам берет. Малина балы єзїнїн єўї менен сулуу жана назик жыты менен жыттуу. Аны февраль-март айларында суук кїчєп ооруй башташканда колдонгон таасирлїї. Гїлдєрдїн тїрїнєн жасалган бал операциядан кийинки адатка айланып калган ооруларга пайдалуу. Бал организмдеги кальций - калий алмашууларын жєндєгєн їчїн, дарыгерлер аны ден соолук їчїн канчалык маанилїї экенин дагы бир жолу эске салышат. Бирок, эгер сиздин балга аллергияўыз бар болсо, эч кандай бал азыктарын колдонбошуўуз керек. Ал ден соолук їчїн коркунучтуу.

САПАТТУУ БАЛ ТАНДАЎЫЗ Балды базардан сатып алуу їчїн бул нерселерди билип алганыўыз жакшы. Чыныгы бышык бал бат эле канттай болуп калат. Ал эми кышындагы суюк бал – жылытылган бал. Эгер бал жылуу сууда толугу менен эрип кетсе – ал сапаттуу. Кээде бышык балга крахмал кошуп коюшат. Мындай учурда анын жасалма экенин бат эле текшерип койсо болот. Эгер бор кошулган болсо, бир аз уксус кошуп кєрєсїз, ал дароо эле кайнап чыгат. Бир тамчы йод тамгызып кєрєсїз, эгер кєк тїс чыкса анда ал жасалма. Эў пайдалуу болуп четин (дарагы жана мємєсї) балы эсептелет. Ал бардык сапаттуу мємєлєргє бай. Бул бал сулуу кызыл єўгє жана жагымдуу жытка ээ. Ошондой эле, зымды кызытып балга тийгизип кєрїўїз, эгер газ чыкса таза, эгерде тїтїн чыкса анда таза эмес бал. Дагы бир ыкма, бал менен сууну 1:5 єлчємїндє аралаштырып, бир кїндєн кийин караганда тунбаса анын жакшы экендигин, тунуп калса начардыгын билдирет. Балды жыгач менен алганда узун тартып чоюлуп їзїлгєндєн кийин шарча болуп калса, анда балдын сапаты жакшы деп билиўиз. Мындан сырткары, азыраак балды иод менен аралаштырганда тїсї кєгєрсє ал таза деп эсептелет. 1- Таза балга бир аз каймак май кошуп тилде 10 мїнєт кармаса жєтєл басылат. 2- Тиштин бїйлєлєрї сезгенгенде туз кошулган бал жакшы жардам берет. Бул аралашма менен тиштин этин кечинде жана эртеў менен дайыма жууп туруу керек. 3- Балдардын бронх жана жєтєл ооруларында кара тїрптїн ортосун оюп бал кошот. Эки сааттай тургандан кийин бул аралашманы кїнїнє тамактануу алдында 2-3 жолу чай кашыктап ичирет. Жатаардын алдында ичїї да пайдалуу. 4- Кара кїрїчтєн жасалган кїрєў тїскє ээ болгон бал темирге, белокко жана кычкылтекке бай. Бул бал кан аздарга пайдалуу. 5- Суук тийип жана вирус ооруулары менен ооруганда сары тїстєгї балды

колдонгон жакшы. Ал єзїнїн организмди чыўдай турган касиети менен айырмаланат. 6- Акациядан жасалган бал эркектерге пайдалуу. Ал потенцияны кєтєрєт жана бєйрєк, табарсык ооруларына жардам берет. 7- Малина балы єзїнїн єўї менен сулуу жана назик жыты менен жыттуу. Аны февраль-март айларында суук кїчєп ооруй башташканда колдонгон жакшы. Ошондой эле гїлдєрдїн тїрїнєн жасалган бал операциядан кийинки адатка айланып калган ооруларга єтє пайдалуу.

БАЛ- СУЛУУЛУК ЇЧЇН Бал косметологияда кургак терилїїлєр їчїн кеўири колдонулаары баарыбызга маалым. Бал маскалары кургак бетти жакшы азыктандырат, жумшартат, беттин куудурап кургаганын азайтат жана кайсы бир деўгээлде майда бырыштарды кетирет. Бирок балды маска катары колдоноордон мурун єзїўїздїн бул азыктан аллергияўыз жок экендигин билип алыш керек. Жумасына эки жолу бул мсканы колдонсоўуз ал бет териўиздин агарышына жакшы жыйынтык берет. Бир лимон жана 2 аш кашык суюк бал. Даярдоо ыкмасы: Идишке 2 кашык балды салып, жарым лимондун ширесин балдын їстїнє сыгып алабыз. Анан шашпай аралаштыруу зарыл. Колго, бетке жана моюнга шыбап коёбуз. Масканы кєздїн тегерегине тийгизбєє керек. Тегиз сїйкєлїп бїткєн соў 15-20 мїнєт кыймылдабай чалкалап жатыўыз. Убакыт єткєн соў жылуу суу менен жууп коесуз.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР: Аарылардын пайда болуусу 50 миллион жылды камтыйт. Эў кєп жашаган адам катары аарычылар эсептелинет. Гиппократ "баардык ооруларды айыктыруучу дарылардан да аарынын уусу жогору турат", - деп белгилеген. Аарынын уусу менен СССРдин жогору бааланган чиновниктери дарыланганы анык болгон. Алардын арасында Л.И.Брежнев да бар. Иван Грозный муундардын оорусун аарылар менен айыктырса, ушул эле ыкма менен Кар Улуу ревматизмден арылган. Экинчи кылымда жашаган байыркы рим дарыгери Гален єз убагында эле балдын касиетине таў берип: “ден соолукту чыўдоодо жана ооруларды айыктырууда балдан ашкан дары жок” деп айткан. Ал эми байыркы чыгыш жазууларында балдын организмдеги уулу заттарды жєндєєрї тууралуу айтылган. Байыркы Египетте аары чаккандан кийин адамдар айыгып ккеткендиги туурасында папирустарда жазылып калган. Ал эми балдын негизинен жасалган дарылар Индияда, Грецияда,Байыркы Римде кеўири таралган. P.S. Кыш айына чамалуу гана кундєр калды. Эшикте суук єз єкїмїн сїрїп жатканда, адамдар ар кандай ооруу менен оруугандыктан бал сиздин организмиўиз їчїн абдан керек экенин тїшїндїўїз болуш керек. Ошондуктан бал менен дайыма достошкула. Рахатбек Рысалиев

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл


14

САЯКАТ

ТОКИО ЖЄНЇНДЄ: Єлкє: Жапония Ички бєлїнїшї: 62 Губернатор: Шинтаро Ишихара Негизделгени: 1869-жыл Расмий тили: жапон тили Калкы: 13 051 965 адам (2010-жыл) Жыштыгы: 5966,20 адам/км²

ТАРЫХЫ

тїзїї максатында Токио префектурасы менен Токио-ши шаары бириктирилип, губернатор шайланган. 1947-жылы Япониянын жаўы Конститутциясы кабыл алынган. Ага ылайык, Токиошаары 23 районго бєлїнгєн. 1960-жылы шаардын экономикасы атайын техника чыгаруу менен катуу єнїккєн. 1864-жылы Токиодо кезектеги олимпиадалык оюндар єткєрїлгєн.

шына бир топ таасирин тийгизген. Їйлєнїї їлпєтї синтоисттик салтта єтсє, сєєктї кємїї зыяратында буддисттик

ГЕОГРАФИЯСЫ

Токио шаарынын тарыхы 400 жылдан ашуун убакытты ичине камтыйт. Токио шаары алгач Эдо (Куймага кирїї) деп аталган. Бул жерде 1603-жылы Токугава Иеясу Токугава сегунатын (1603-1867жж.) тїзгєн. Ошондон тартып шаар дїркїрєп єнїккєн. Мурда Япониянын борбору Киото шаары эле, 1868-жылы император Эдого кєчїп келет да, шаардын атын Токио (Чыгыш борбору) деп єзгєртєт. Ошентип, Токио Япониянын борбору болуп калган. Мейдзинин тушунда (1868-1912-жж.) батыш цивилизациясынын таасири менен шаардагы эски їйлєрдїн ордуна кирпичтен имараттар тургузулган. 1923-жылы Кантодо болгон зилзалада шаар їчїн кєптєгєн жоготууларды алып келген, расмий маалыматтарда 140000 адам дайынсыз жоголду же каза болду, 300000 їй кыйроого учурады деп жазылган. Шаарды кайра калыбына келтирїї иштери жїрїп, 1927-жылы биринчи метро линиясы салынган, ал эми 1931-жылы дїйнєгє таанымал Ханеда аэропорту жїргїнчїлєрдї тейлей баштаган. 1935-жылы Токионун тургундарынын саны 6,36 миллионго жетип, Лондон менен Нью-Йорктун элинин санына теўелген. 1941-жылы башталган согуш шаардын єнїгїшїнє оор залакасын тийгизген. 1943-жылы чоў мегаполис

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

шарттар сакталган. Калктын эки пайызы христиан динин тутат. Ошондуктан, шаардан ар кайсы багыттагы сыйынуучу жайларды кезиктирїїгє болот.

ЭКОНОМИКАСЫ Токио Япония ахипелагынын ортосунан орун алган Канто тїштїк аймагында жайгашкан. Шаар чыгышынан Эдогава суусу жана Чиба прифектурасы, батышынан тоолор жана Яманаши префектурасы, тїндїгїнєн Сайтама префектурасы, тїштїгїнєн Тамагава суусу жана Канагава префектурасы менен чектешет. Изу, Огасавара аралдары шаардан окчун турса да, Токионун администрациялык-аймактык бєлїгї катары саналат.

ДИНИ Шаардыктардын тутунган диндери-синтоизм (аймакчы, синтоизм дини 1945-жылга чейин мамлекеттик дин деп саналган) жана будизм, андан тышкары христиан динине ишенїїчїлєр да бар. Азыркы мезгилде Япония мамлекети тарабынан атайын кабыл алынгын дин жок. Бирок, жогоруда айтылган диндер жапондордун каада-салттарынын калыптаны-

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

їн эў кымбат • Токио - дїйнєн лат на шаары болуп са а 150дєй жер • Токиодо жылын турат. п титирєєлєр болу аркты жылына • Токиодо зооп рат. Анткени 2 айга жабып ту опаркка зо жаныбарларды н эсалдырыш де ер ил келген киш їчїн. єгї 12 кооз • Токио дїйнєд а кирет. ын шаардын катр н баасы • Токиодо жерди т болуп ба дїйнєдє эў кым он 33 эсеге, нд до он Л саналат. эсеге кымбат 89 он кт Нью- Йор келет. тердик оюндар борбору катары каралат. Асакусанын эски кєчєлєрї дїкєндєргє, сувенир саткан жайларга жана сайрандоо борборлоруна толгондуктан, кїнїтїнї эл аягы суюлбайт. Дал ушул жерден жергиликтїї жапон матрешкаларын табууга болот. Токио Диснейлени да бїйїр кызытпай койбойт.

Шаардын єнєр жайынын негизин автоунаа куруу, темир жана жыгач иштетїї, электроника, электротехника, полиграфия, химия жана тамак-аш тармактары тїзєт.

РАЙОНДОРУ Шаардын негизги кєчєсї-Гинза кєчєсї. Бул жерде кымбат ресторандар, дїкєндєр, мейманканалар жайгашкан. Шинджуку району бийик-бийик имараттары, сайрандоо жайлары менен таанымал болсо, Акихабара электроника жана компью-


15

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл


16

АВТО

BMW E34

AUDI 100

MERCEDES W124

АТААНДАШ ТЕМИР ТУЛПАРЛАР

1989-1999 жылдарында бири-бирине атаандаш келип кыргызстандын ичинде бир топ аброй топтоп, азыркы учурга чейин єз абройлорун жоготпой дагы дэле атаандаш болуп элдин кызуу алкышына ээ болуп жаткан Mercedes W124, BMW E34, Audi 100 автоунаалары болуп саналат эмеспи. Айталы дегенибиз ал убакта їч уктаса тїшїбїзгє кирбеген, коомдо єз ордуларын бербей келатышкан, темир тулпарлар кайсы жылы чыккан, канча май корото турганы жєнїндє сиздерди кызыктырып єтєлї...

BMW E34 (БМВ E34)

AUDI 100 (АУДИ 100)

MERCEDES W124 (МЕРСЕДЕС W124)

1988-жылдан баштап чыга баштаган BMW E34 єз учурунда дїйнє жїзїндє жашап жаткан адамдардын кызыгуусун артырып, бир топ баркка да ээ болмоктурсун кино жаатында банда, бандиттердин машинасынын кызматын аткарып да келген. Ал эми Кыргызстандагы жаштар арасында єзгєчє кадыр баркка ээ болгон жана болуп келе жатат.

Бул їлгїдєгї машинаны кимдер гана билбейт, єзгєчє айыл жергесинде жашагандардын туу туткан машинасы болуп саналып келе жатат. “Бул машина Кыргызстандын жолу їчїн чыгарылган” деп эл арасында тамашалуу сєз бар эмеспи... Бирок, чындыгында бул єўїттєгї темир тулпар биздин жол жана тоолорубузга чыдамдуу келет. Азыркы кїнгє чейин єз баркын тїшїрбєй єзгєчє айыл жергесинде кєп айдалган машина болуп эсептелинет.

Бул їлгїдєгї машина алгач 1984-жылдын 5 ноябрында Севильенин авто салондорунун биринде сатыка чыга баштаган. Бизге 1995-жылдан кийин атка минерлерибиз айдап канча адамдарды тамшандырганы эсиўиздерде болушу керек. Мына ошол жылдан бери єз кызматын аткарып жана дагы деле болсо элдин бїйїрїн кызытып келе жатат.

Чыгарган єлкє – Германия Чыгарылган жылы – 1989-1995 жж Кыймылдаткычтын кєлємї – 2.0 жана 4.0 Кузов тїрї – седан Узундугу – 4720 мм Туурасы – 1750 мм Бийиктиги – 1410 мм Эшиктеринин саны – 4 Орундарынын саны – 5 Массасы – 1350 кг Багажынын кєлємї – 460 л Бензин багынын кєлємї – 80 л Дєўгєлєк єлчємї – 195/65HR15 Кїйїїчї майдын сарпталышы 100 км (механика): Шаар ичи – 12л Трассада – 8.1 Баалары – 3500-7000 миў доллар

ДЕПТЕР БЕТИНЕ ТАРТЫЛГАН СЇРЄТ

Чыгарган єлкє – Германия Чыгарылган жылы – 1991-1994 жж Кыймылдаткычтын кєлємї – 2.0 жана 4.0 Кузов тїрї – седан Узундугу – 4790 мм Туурасы – 1780 мм Бийиктиги – 1430 мм Эшиктеринин саны – 4 Орундарынын саны – 5 Массасы – 1297 кг Багажынын кєлємї – 510 л Бензин багынын кєлємї – 80 л Дєўгєлєк єлчємї – 195/65HR15 Кїйїїчї майдын сарпталышы 100 км (механика): Шаар ичи – 11л Трассада – 8.8л Баалары – 2000-5000 миў доллар

УРМАТТУУ ОКУРМАН! "АЙБАТ" гезитине жазылуу жїрїп жатат!

Жазылуу почта кызматын кошкондо:

- 1 айга – 49 сом 50 тыйын - 3 айга – 148 сом 50 тыйын - 6 айга – 297 сом 00 тыйын Жазылуу республиканын, бардык почта бєлїмдєрїндє чектєєсїз жїргїзїлєт.

СЇЙЇКТЇЇ ГЕЗИТИЎИЗГЕ ЖАЗЫЛЫЎЫЗ!

Жазылуу индекси: 68546 № 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

Чыгарган єлкє – Германия Чыгарылган жылы – 1984-1989 жж Кыймылдаткычтын кєлємї – 2.0 жана 2.6 Кузов тїрї – седан Узундугу — 474.0 (476.0) Туурасы — 174.0 (174.0) Бийиктиги — 144.0 (149.0) Эшиктеринин саны – 4 Орундарынын саны – 5 Массасы – 1260 (1410)кг Багажынын кєлємї – 520 л Бензин багынын кєлємї – 70 л Кїйїїчї майдын сарпталышы 100 км: Шаар ичи – 11.6 (12.8) л Тарассада – 8.6 (8.8)л Дєўгєлєк єлчємї – 195/65 R15 Баалары – 4500-6500 миў доллар

Рахатбек РЫСАЛИЕВ


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.