Айбат - коомдук-саясий гезити №136

Page 1


2

АЙБАТ ПРЕСС

УРАН БОТОБЕКОВ ЭЛДЕН «САДАКА» СУРАГАНЧА, СЇЙЛЄГЄН СЄЗЇНЄ ЖООП БЕРБЕЙБИ?

«Эрди намыс, коенду камыш єлтїрєт» деген кеп бар элибизде. Тилекке каршы учурда айрым «мен мыктымын» деген саясатчыларда намыс дегенден тїк эч нерсе калбады кєрїнєт. Сїйлєгєн сєзїнє, жасаган ишине жооп бере албай, эптеп жоопкерчиликтен качыш їчїн аялдардын этегине кире качкандарды да кєрїп атабыз. Бузук сєздї сїйлєгєнїн сїйлєп алып, анан анын жоопкерчилигин тартууда да элдин артына жашынып калгысы келгендер кєбєйдї. Жакында эле Свердлов райондук соту БОК кыймылынын мїчєсї Уран Ботобековдун массалык маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде далилсиз Икрам Илмияновду айыптагандыгын аныктап Илмияновдун арызы боюнча 1,8 миллион сом айыпка жыккан. Мындай кырдаалды эптеп эле бийликке сєйкєнгїсї келип турган, єзїнїн эки баласы менен аялын тыўдап бага албай, качып жїргєн Адиль Турдукулов аттуу «художник» колдон чыгарбай, «Уран Ботобековду коргоо

кыймылын» тїзє коюптур. Анан ал Ботобеков їчїн калайык калкка кайрылып 7 сомдон садака сурап турганын кандай тїшїнсєк болот? «Уран Ботобековду Коргоо Кыймылы калайык калкка кайрылып, шоопурдун доосун канааттандыруу максатында 7 сомдон садака чогулта баштайт. Парламенттик шайлоо алдында элден чогулган каражатка Илмиянов жыртыгын бїтєп, капчыгын толтуруп алсын» деп жазылат ал кайрылууда. «Художник» болбосоў кое кал. Анча болду ушул эле ойго «Ботобековго кошуп, мен єз їй-бїлємдї тыўдап бага албай аткан їчїн мага да єзїнчє 7 сомдон садака таштай кетиўиздер» деп кошуп койсо болмок экен. Намыс деген барбы єзї? Кайда калды жигиттик намыс? Ботобековдун далилсиз сєздєрї їчїн эл жооп бермек беле? Єзї жооп берсин да. Адиль Турдукулов їй-бїлєсїн бага албай атса, ага ким кїнєєлїї? Кєчє таптап, митинг уюштуруп жїрє бербей иштесе балдарын жакшылап эле багат эле го? Элден «садака» суроонун єзї бул жигиттерде намыс деген нерсенин таптакыр тебелендиде калганын кєрсєтїп жаткан жокпу? Кыргыздын жигиттери ар кимиси єзїнїн сїйлєгєн сєзї, жасаган иши їчїн єзї гана жооп берип келген. Андай болсо Ботобеков менен Турдукулов жигит эмес болуп калабы?.. Оорулуу болушса да бир жєн. Чет єлкєдєн гана операция жасоого муктаж адамдарга жардам берсе болот. Ал эми булардай болгон «жин ооруларга» кандай жардам болот?..

Кїмїшбек ЫБЫКЕЕВ, юрист:

«БОТОБЕКОВДУ КОРГООЧУЛАРДЫН БУЛ КЫЛЫГЫ УЯТ ИШ» - Уран Ботобековду Коргоо Кыймылы Кыргызстандын калкына кайрылуу жолдоп ага карата сот чечими адилетсиз чыкканын билдирїїдє. Ошондой эле Президенттик аппараттын мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновго 7 сомдон садака чогултууну максат кылып жатыптыр. Саясий ишти Орозо айында садака менен байланыштыруу канчалык жєндїї. Деги эле карды-башы соо адам кайрымдуулук сурап, єз проблемасын элге шылтап жатканы туурабы? - Бул абдан туура эмес жана одоно кєрїнїш десек болот. Саясатты элге таўуулап, дин менен саясатты аралаштыруу болбойт. Бул нерсе Куранда деле жазылган. Бул кылыктары абдан эле уят иш. - Ошондой эле бул кайрылууда Кыргызстанда толук тїрдє авторитардык башкаруу орун ал-

ганы айтылат. Чын эле биз авторитардык мамлекетте жашап жатабызбы? -Андай эмес! Бизде кєрїнгєнї эле каалагандай сїйлєп жатышпайбы? Єлкєбїздї антип айтууга болбойт. Негизи коўшу Єзбекстанды авторитардык деп айтсак болот. Баштарын кєтєрє алышпайт жана єз ойлорун, сєзїн толук жеткире алышпайт да... Бизде болсо баары Кудайга шїгїр десек болот. Ал пикирге мен кошула албайм.

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

№ 136 • 10-июль, 2015-жыл

“АВТОРИТАРДЫК МАМЛЕКЕТТЕ ЖАШАП ЖАТАБЫЗ ДЕГЕНГЕ КОШУЛБАЙМЫН” ды-башы соо адам кайрымдуулук сурап, єз проблемасын элге шылтап жатканы туурабы? - Бул иш боюнча райондук гана сот чечимин чыгарды. Азыр дагы шаардык анан андан жогорку станцияларда каралышы ыктымал. Ошондуктан бул окуя боюнча азарынча бир нерсе деп айтуу кыйын. Бирок, садака деп мусулманчылыкта бей-бечара адамдарга, бардар адамдардын берген кайрымдуулугу айтылат.

- Уран Ботобековду Коргоо Кыймылы Кыргызстандын калкына кайрылуу жолдоп ага карата сот чечими адилетсиз чыкканын билдирїїдє. Ошондой эле Президенттик аппараттын мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновго 7 сомдон садака чогултууну максат кылып жатыптыр. Саясий ишти Орозо айында садака менен байланыштыруу канчалык жєндїї. Деги эле кар-

«МАВЛЯН АСКАРБЕКОВ ЄЎДЇЇ ЖАШ ЖИГИТТЕР ЭМНЕНИ ЖАСАШТЫ?» «Азаттык» радиосунун «Азаттык+» телекєрсєтїїсїнєн Кыргызстандын эксбашкы акыйкатчысы Турсунбек Акун «Жаўы муун» кыймылынын мїчєсї Мавлян Аскарбековду сєзгє катуу сындырды. Ырасында кылган алгылыктуу жумуштары жок туруп эле улуу муунга асылып, обу жок эле сындап басып жїргєн Мавлян мырзанын шагы бир топ сынгансыды. Бирок, тїрдїї жолдор менен акча табууга маш болуп калган мындай жигиттер албетте улуу агаларынын ачык айткан катуу сєздєрїн кулагынын сыртынан кетирип кое тургандары турган иш. Ошентсе да башка жаштарга їлгї болушу їчїн Турсунбек Акундун сєзїн кыскача келтире кетели: «Мавлян мырза бизди «Силер эмнени кыйратып койдуўар эле?» деп атат. А єзї эмнени жасап койду? Биз жаш кезде, мына ушул Мавляндай куракта Тїгєлбай Сыдыкбеков, Чыўгыз Айтматовдордун артынан калбай чуркап, ар нерсени сурап їйрєнгєнбїз. Демократияны биз ошолордон їйрєндїк. Ал эми Мавлян мага бир жолу басып келдиби? Келген жок. Булар єздєрї ток жигиттер. Минген машинелери 60-70 миў доллар турат. Буларды демократия эч кандай кызыктырбайт. Булардын максаты бизди курулай эле сындап турушса болду» деди ал. Ырас эле «Сынчынын сыўар єтїгї майрык болгон» Мавлян Ас-

Редактордун орун басары: Карачач ШАКИРОВА

Жооптуу редактор:

Веб-сайт: www.AIBAT.kg

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: aybatkg@mail.ru Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Редакциялык жамаат: Акинай АЙДАРОВА Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА Дамир ЭСЕНГУЛОВ Мирбек МАМБЕТОВ

- Ошондой эле бул кайрылууда Кыргызстанда толук тїрдє авторитардык башкаруу орун алганы айтылат. Чын эле биз авторитардык мамлекетте жашап жатабызбы? - Кыргызстан парламенттик башкарууда демократиялык багыт менен баратат. Ал эми авторитардык мамлекетте жашап жатабыз дегенге кошулбаймын. Жакында шайлоо болот авторитардык єлкєдє жашап жатабыз дегендер да шайлоого катышса болот.

Турсунбек АКУН, экс-омбудсмен:

Коммерциялык директор: Бектур БАЙМОЎОЛОВ Тел. (0772) 16 11 00

Гезит ээси:

Назарали АРИПОВ, ЖК депутаты:

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

карбеков жана анын жанындагы «жаўы муунчулардын» эл їчїн жасап койгон бир да алгылыктуу ишин кєрє элекпиз. Кайда барышса да элдин тынчтыгын бузуп, кандайдыр бир башаламандыкты жасоо менен алектенип келишет. Анан дагы улуу муунга гана асылганын коюшпайт. Эртеў єздєрї дагы ошол улуу муундун курагына келерин, ошондо дагы бир жаш бала «Сиздер ушуга чейин эмнени кыйратып койдуўар эле?» деген суроону узатса, «Баланча жолу митинг, тїкїнчє жолу акция уюштурганбыз. Анын арты менен 60-70 миў долларлык машине мингенбиз» деп жооп беришеби, ким билет?..

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №1761

Нускасы: 1500


3

АЙБАТ ПРЕСС

ТЕКЕБАЕВ ЄЗЇНЇН ПАРТИЯСЫ АЛСЫЗДАНЫП БАРАТКАНЫН ТУЮП, БАКИЕВДИН «КУЙРУКТАРЫНА» КЇНЇ ТЇШТЇБЇ?

Алдыда болуучу парламенттик шайлоо єтє кызык болот окшоп калды. Парламентке келсем дегенде айрым бири-бирин кєргїсї келбеген кас партиялар бири-бирин карап жылмайып, сїйїїлєрїн арнай баштады. Кепти єтє узартпай ток этерине келели. Жакында эле «Ата-Мекен» партиясы менен «Улуттар биримдиги» партиясы «баш кошуп», «свадьбасын» чакан эле чєйрєдє белгилеп коюшканын жар салышты. Ємїрбек Текебаевдин пикири боюнча мурдагы «Бакиевдин куйруктарына» кирген Мелис Мырзакматов эми «Текебаевдин куйругуна» айланды. Кыргызстан жети облусу менен биригип бир мамлекет экенин эсинен чыгарып, убагында «Мен Оштун кожоюнумун» деп кїпїлдєгєн Мелис Мырзакматов чындыгында эле мэрлик доорунда «кожоюндугун» катуу карматып, мамлекетке миллиондогон зыяндарды алып келген экен. Анысы ачыкталып калганда «куйругун» карматпай качып кетти. Бирок техниканын жетишкендиги анын чет єлкєдє туруп алып дагы видео кайрылууларды жасап элдин башын айлантуусуна шарт тїзїп берип келатканын айта кетели. Ал эми бир тууган агасы Кеўеш Мырзакматовдун инисинин кызматтык абалынан пайдала-

нып 2010-жылдагы июнь коогалаўында жапа чеккендерге арналып салынган їйлєрдєн батир алып берем деп отуздан ашуун адамдан 5-6 миў доллардан алып койгонун айтып кетели? Кыязы, Мырзакматовдор Бакиевдердин їй-бїлєлїк башкаруусунун кичинекей їлгїсїн кєрсєтїштї окшойт. Баса, Мелис мырза єзї Ош шаарынын мэрлик кызматына кандайча кєчїк басып калды эле? Мурда эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей жїрїп эле чї дегенде «тєєгє» минип калгандыгын себеби не болгон? Себеби эў эле жєнєкєй. Жалаў алып-сатармандык менен шугулданган Мырзакматов Бакиевдер бийликке келгенде кызматтын даамын татып кєрїї аракетин баштаган. Анан адегенде Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевге хансарай «бадарке» кылат. Албетте, алып кєнгєн Жаныш Бакиев «отказ» кылбайт. Андан соў Курманбек Бакиевдин єзїнє Сулайман тоонун элеси тїшїрїлгєн алтындан жасалган статуэтка белек кылганын билебиз. Мына ушундан кийин ал Бакиевдердин ишенимдїї адамына айланып, Ош шаарынын мэрлигине кєчїк басат. Андан сырткары анын Бакиевдер менен чогуу жасаган бизнеси да болгондугу айтылып келет. Кыскасы Мелис Мырзакматов Бакиевдердин алмашкыс кадрына, ишенимдїї адамына айланат. Бакиевдердин доору аяктагандан кийин дагы Мырзакматов кєпкє чейин жаўы бийликке баш ийгиси келбей, Ошто єзїнчє бийлик жїргїзгїсї келип жїрдї. Элдин бїтїндїгїн, мамлекеттин бїтїндїгїн ойлоп да койгон жок. Мына ушундай адамды «Ата-Мекен» лидери Ємїрбек Текебаев єзїнє кошуп алды. Элибизде «досуўду кєрсєтчї, сенин ким экениўди айтып берейин» деген кеп бар. Эми биз эгерде Текебаевдин ким экенин билгибиз келсе, Мырзакматовдун былыктарын санай берсек болобу? Баса, унута электе айтып коелучу, кече жакында эле Текебаев

Ємїрбек АБДРАХМАНОВ, ЖК депутаты:

“ТЕКЕБАЕВ 25 ЖЫЛДАН БЕРИ КЫРГЫЗ ЭЛИН АЛДАП КЕЛЕТ” да мїчєсї жок экен. Ошентсе да, ал жакта штаб ачып мен колдон келишинче иштегем. Чынын айтканда жеке єзїмдї аймактын лидери деп атабайт элем. Жалпы республика боюнча иштеген туура. Ал эми 2010-жылы “Ата мекен” жана Текебаевдер кедей болуп турганда Равшан Жээнбеков экєєбїз каржылаганбыз. Бул кишини демократияга кызмат кылат десек, таптакыр тескери кетти.

- Ємїрбек мырза, Ємїрбек Текебаев “Ата мекен” фракциясынын беш жылдык ишмердїїлїгїнє арналган маалымат жыйынында сизди 50 миў доллар менен Токтогул районунан 800 добушту араў алган деп айыптады. Мындай айыптоолорго кандай карайт элеўиз? - Чындыгында мага Токтогул району бєлїнгєн. Ал жакта “Ата мекендин” бир

- Є.Текебаевдин М.Мырзакматов менен бириккенин коомчулукта катуу сынга алынууда. Сиз бул тандемди кандай баалайсыз? - Негизи Ємїрбек Текебаев Мелис Мырзакматовду “Бакиевдин куйругу” деп атап жїргєн. Мына, КТРдин башчысы Илим Карыпбековду да айыптаптыр. Ал Бакиевдин маалында бир бєлїмдї жетектеп турган. Чындыгында Текебаев 25 жылдан бери кыргыз элин алдап келет. Аны Аскар Акаев спикер кылганын жакында єзї да айтты.

маалымат жыйынын берип, анда Мырзакматовго чаў жугузбай коргоп турду. «Мени Мырзакматовдун єткєнї кызыктырбайт» деди ал. Эгерде аны кайсы бир саясатчынын єткєнї кызыктырбаса, анда Акаев, Бакиев менен да баш кошо берет турбайбы деген ойдо калдык. Эмне эле акыркы учурларда Кыргызстандын туўгуч ажосу Аскар Акаев маалымат булактарынын тїшпєй, сєз арасында Текебаевди байкатпай мактап атат десе. Бул эми албетте башка кеп. Суроо туулат. Эмне їчїн Текебаев шайлоонун алдында мурда таптакыр пикири келишпеген Мырзакматов менен биригип атат? Себеби жєнєкєй эле. Ємїрбек Чиркешовичтин саясий «оюнкараактагы» акыркы мезгилдерде партиясына болгон ишенимди жоготуп бараткан. Маселен, єлкєбїздїн тїштїк аймагында Текебаевди колдобой тургандыктарын ачык эле айткандар єтє кєп. Андыктан шайлоого мурдагыдай эле эч ким менен бирикпей кїїгє салып бара берсе, анда «Ата-Мекен» жетишээрлик добуш топтой албай, парламент босогосунун сыртында кала бермек. Мына ушуну туура тїшїнгєн, ал єлкєнїн тїштїк аймагынан кєбїрєєк добуш топтоо їчїн Мырзакматовду колтугуна корголоп атыры. Эми ал їчїн Мелис мырза тїштїк аймактагы тарапташтары аркылуу чуркап иштеп берет. Мурда Бакиевдерге кандай кызмат кылса, эми Текебаевге ошондой кызматын кєрсєтєт. Кыскасы, буйрукту жазбай аткарып берїїчї куурчак Мырзакматовдун эми кожоюну алмашты. Анын кожоюндары эми Бакиевдер эмес, Текебаев болуп калды десек да болот. Же балким їч бурчтук болуп атабы?.. Ким билет?.. Айтору шайлоодон кийин кандайдыр бир чыр-чатактын болуп кетиши тууралу илеп согуп тургансыйт. Болбосо, коалициялык кєпчїлїктїн курамында турган «Ата-Мекендин» лидери Текебаев маалымат жыйынында «парламентте оппозициялык фракция

жок» деп айтпайт эле. Айтса айта берсин, бирок реалдуулукка келсек, парламентте оппозициялык фракция бирєє эмес, экєє болуп турбайбы? Ал эми алардын деўгээли кандай болуп атканы бул башка кеп. Мындан сырткары Текебаев мырзанын пикири боюнча президенттин жїргїзїп аткан иш-аракеттерин колдоого алгандардын бардыгы «КСДП» партиясынын «клондору» болуп калат экен. Мындай жїйєєсїз пикирди бир коалицияда туруп айтууга негиз бар беле? Эгерде ал чындап эле парламентте оппозициялык фракция жок деп эсептесе, анда неге єзї коалициядан чыгып, кїчтїї оппозиция болбойт? Мындай мїмкїнчїлїк бар эле го. Мына ушундай эле пикирди КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков да билдирди. «Эгерде Ємїрбек Чиркешович чындыгында эле «Системага» кам кєрїп, парламентте оппозициялык фракция жок деп эсептесе, анда «Ата-Мекен» мурда эле коалициядан чыгып єздєрїн чыныгы оппозиция катары кєрсєтсє болот болчу. Тилекке каршы андай эмес. «КСДП» менен бир коалицияда болуп туруп аны партияларды «клондоп» жатат дегени бери дегенде эле єзїнїн єнєктєшїнє жана «стратегиялык союздашына» карата таза эмес мамилеси деп эсептейм. Саясый партияларды президенттин саясатын колдоого алып жатканы їчїн кїнєєлєє туура эмес. Мамлекет башчысы элдин їмїтїн актап жатса, жоопкерчиликтїї саясатчылар аны менен макул болот. Бул позиция эптеп жаўы парламентке келїї їчїн ким менен болсо дагы кызматташууга даяр болгонго караганда бир топ таза позиция» дейт Турсунбеков. Туура, жасалып жаткан алгылыктуу иштерди колдоого ала билїїнїн єзї жакшы сапат. Ал эми єзїнїн гана кызыкчылыгын кєздєє менен мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеп-тепсєєгє баруу – ал кандай єўїттє жасалса дагы абийир алдында жооп берїїчї маселе болуп калат.

ТЇЛЕЕВ АМНИСТИЯ СУРАГАНДАН УЯЛБАЙБЫ КурСалиевичтин “баласы”, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Тїлеев 31-август Эгемендїїлїк кїнїнє карата жарыяланып жаткан амнистияга илешип калуу їчїн жанын жеп жаткан экен. Адвокаты Нина Зотова аркылуу Жазаларды аткаруу кызматы менен Атайын прокуратурага кайрылып, амнистияга кошууну суранган. Бирок, аталган органдар Наримандын мындай сунушунан баш тарткан. Жазаларды аткаруу кызматы менен Атайын

прокуратура деле туура чечим чыгарыптыр. Негизи амнистия дегениў кары-картаўдарга, жаш балдарга, жеўил кылмыш кылгандарга берилет да. Мамлекеттин бюджетин майкандап алып, убагында каалагандай тайраўдагандарды бошото берсе, анда кандай болсун. Нариман кылган кылмышын мойну менен тартышы керек. Ошондо гана келечек муунга їлгї болуп, алар казынадан уурдасак Тїлеевдей камалабыз деп чочуп турушу зарыл.

ЧАЛА САБАТ ЭКСПЕРТЧАЛЫШ УМБЕТАЛИЕВДИН «КОКУЙБАЙЛЫГЫ» КАЧАН ТОКТОЙТ? Расул Умбеталиев аттуу энергетика жаатында «омбу-домбу» пикирин айтып жїргєн экспертчалыш бар. Ал энергетикадагы кєйгєйлєрдї козгогону менен, аларды чечїї жолун сунуштаганга жарабайт. Курулай сокмой, урдурмай. Ушундай

чала сабат адамды мурдагы башпрокурор Аида Салянова єнєрїп алганы тїшїнїксїз. «Эшегине жараша тушагы» демекчи, Аида Жеўишбековнанын болгон-толгон деўгээли ушул беле кокуй? Акинай АЙДАРОВА

№ 136 • 10-июль, 2015-жыл


4

ИМИШ-ИМИШ

АШТАН, КЄЧТЄН КАЛГАНДАР БИРИГЕБИ? Алдыдагы парламенттик шайлоону утурлай жалаў «аштан, кєчтєн калгандар» бириге тургандыгын «ошондойлордун» катарында турган саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди. Конкреттештирип айта турган болсок Акматбек Келдибеков, Кубатбек Байболов, Азимбек Бекназаров, Ємїрбек Абдрахманов сыяктуу бир да партияга туруктуу токтой албаган, тийдикачты позициядагылар, алардын катарына учурда єз фракцияларынан жээрилип аткандар Жылдыз Жолдошева, Мыктыбек Абдылдаев, Исмаил Исаков жана Бєдєш Мамыровалар кошулат экен. Башкы экс-

БОКчунун айтымында азырынча булар кайсыл партиянын босогосун сагалап бара тургандыктарын аныктай элек. Болгону азырынча мына ушундай «ынтымакка» келип отурушат. Бирок, бири-биринен асман менен жердей айырмаланган бул эрендерибиз дїўї менен бир партиянын босогосунан аттап кетїїлєрї чоў кїмєн жаратат. Аттап кирип кетишсе да, кайра ал партиянын ар кайсыл бурчунан «эшик» чыгарып качып кетїїлєрї да толук мїмкїн. Ошондо ал кайсыл партия болсо дагы туш-тушунан «тешик» чыгарылган тамтыгы кеткен партия болуп калат го…

Ïðåçèäåíò ØÊÓíóí Ñàììèòèíå êàòûøóó ¿÷¿í Óôàãà àãàñû êîþëãàíäàí êèéèí ó÷àò *** Êûðãûç-òàæèê ÷åê àðà áàø÷ûëàðû êóðàë êîëäîíáîî áîþí÷à ìàêóëäàøòû *** Êûðãûçñòàí ýë àðàëûê óíèâåðñèòåòèíèí àëäûíäà êîñìîñòó æàíà òîîëîðäó èçèëäåãåí áîðáîð ò¿ç¿ëºò ***

Жумакадыр АКЕНЕЕВ, экономист:

«ЄКМЄТ «КУМТЄР» БОЮНЧА ТУУРА ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ…»

- Жумакадыр мырза, учурда «Кумтєр» алтын кенинде тоокен иштерин жїргїзїї планына макулдук берїї, бербєє маселеси курч болуп турат. Сиздин оюўузча ага макулдук бербєє єлкєбїзгє кандай таасирин берет? - Терс таасирлери бир топ. Эў башкысы «Кумтєрдїн» иши токтой турган болсо, мамлекеттик бюджетинин киреше бєлїгї

30 пайызка кыскара тїшєт. Баарыбызга эле белгилїї болуп тургандай єлкє экономикасы жылдын башынан бери карай эле аксап келатат. Демек, экономикалык абалыбыз оор. Мындай шартта алтын кенинин єндїрїшїн токтотуп коюуга баруу бир аз калпыстык болуп калмак. Кыргыз єкмєтї дагы мындай кадамга барууда кандай терс таасирлер бар экендигин санап берди. Мисалы, Кыргызстандын ИДПсынын 10-12�ка тємєндєп кетиши, мамлекеттик бюджеттин киреше бєлїгїнїн 6 миллиард сомго чейин тємєндєшї, мєўгїлєрдїн жылышынын контролго алынбай калышы, андан сырткары юридикалык таасирлери болгон эл аралык сотко сїйрєлїшїбїз. Дагы башка да таасирлери бар.

- Ушулардын бардыгын билип туруп, «Кумтєрдїн» єндїрїшїн токтотууга бара алабызбы? - Азыркы тапта єкмєт туура чечимге келди. Жоопкерчиликтин бардыгын

єз мойнуна алып, «Кумтєрдї» жыл аягына чейин иштегиле деди. Буга чейин “Центерра” єзї эгерде алтын кенин иштетїїгє уруксат берилбесе, анда єндїрїштї 6-июлда токтотууга мажбур боло тургандыктарын билдирген. Демек, биздикилер кыйнабаса деле, алар уруксат алышпаса, Кыргызстандын мыйзамдарын бузбаш їчїн алар єндїрїштї єздєрї эле токтотуп коюшмак. Бирок, єкмєт жоопкерчиликти алды, жыл аягына чейин уруксат беришти. Бул азыркы убакка ылайыктуу туура чечим. Эми жыл аягына чейин дагы жарым жыл убакыт бар. Мына ошол убакыт аралыгында биргелешкен ишкана болобу, же башка болобу бир конкреттїї долбоорду даярдап, бир чечимге келїї керек. Кыскача айтканда «Кумтєрдї» саясаттан бєлїп алып экономикага кайра алып келиш керек. «Кумтєр» бул экономикалык долбоор. Тилекке каршы аны биз саясатташтырып алдык.

№ 136 • 10-июль, 2015-жыл

тєє буурчактын баасы алар каалагандай болбой калса, бул маселени чечїїнї депутаттардан талап кылышып, фирмаларга басым жасашат. Єткєн жылы депутат келип бааны кєтєрїї керек деп билдирди. Жадакалса фирмалардын ишин текшерген жана коркуткан комитет тїзїштї. Эгерде мындай иштебесеўер, анда биз силерди жабабыз, єрттєйбїз дегендей коркутууларды айтышты. Анан айрым чет элдик компаниялар жабылып кетип калышты» дейт ал. Ниязалиевдин пикиринде, Талас облусу боюнча тєє буурчакты даярдоо жана экспорттоо боюнча 60тан ашуун фирма иштейт. Алардын 10у ири. Єткєн жылдагы тїшїм болжол менен 60 миў тонна болду. Анын 50-55 миў тоннасы экспорттолду. Башкача айтканда продукциянын 97�ы экспортко кетет. Сезондун башында баа 60-70 сомдон болсо, андан соў 60 сомго тїшїп, жаўы жылдан кийин 50 сом, ал эми март айында 30 сомдон болуп калган.

Êûðãûçñòàí áîþí÷à 100 ìè¢äåí àøûê àäàì ìàéûïòóóëóê áîþí÷à æºëºê ïóë àëàò *** Êàçàêñòàí Ñåíàòû Êûðãûçñòàíäûí ÅÀÝÁãå êèð¿¿ êåëèøèìèí æàêòûðäû *** Áèøêåêòåãè áîðáîðäóê ìå÷èòòèí îðäóíà æà¢ûñû êóðóëàò *** Áèøêåêòå æîë êûéìûëûíûí ýðåæåëåðèí áèë¿¿ áèëèìèíå 44 ìàðøðóòòóê òàêñèíèí àéäîî÷óñó ýêçàìåí òàïøûðäû *** ʺï÷¿ë¿ê êîàëèöèÿíûí ëèäåðè ïðåçèäåíòêå êàéðûëäû *** Èíòåðíàòòàãû áàëäàðäûí 96% æåòèì ýìåñ *** Àëà-Áóêàäàãû ýøåê ñîþï ñàòóó ôàêòûñûí àéûë ºêìºò áàø÷û òºã¿íäºä¿ ***

САЯСИЙ АБАЛДЫН ТЫНЧ БОЛУШУ ЭКОНОМИКА ЇЧЇН ДА, ИШКЕРЛЕР ЇЧЇН ДА ПАЙДАЛУУ Ар тармактын єнїгїїсї їчїн биринчи кезекте єлкєдєгї стабилдїїлїк керек экендиги белгилїї. Тилекке каршы єлкєбїздє болуп келе жаткан маал-маалы менен боло калчу митинг-пикет єўдїї кєрїнїштєр єлкєбїздїн єнїгїїсї їчїн кедергисин гана тийгизип келатат. Митингпикет, жол тосмой єўдїї терс адаттардан улам жеке ишкерлер, дыйкандар да жапа чегип, маўдай тери менен тапкан эмгектеринин їзїрїн кєрє албай калышууда. Маселен, Талас облусунун жашоочулары кєбїнесе тєє буурчак айдап, аны сатуу менен тиричилик кылышат. Ал эми тєє буурчактын баасы жана сатылышы дагы стабилдїїлїк менен тыгыз байланышта болорун єткєн жылы кєрдїк. Мына ушул багытта экономика жаатындагы эксперт жана ишкер Уран Ниязалиев жергиликтїї агенттиктердин бирине єз оюн билдирген. Анын айтымында, єткєн жыл тєє буурчак єндїрїїчїлєр їчїн єтє татаал болду. Болбосо, жакшы кїтїїлєр болуп аткан. «Анан Талас аймагында болуп єткєн митингдер сатып алуучуларды чоочутуп, баасы тємєндєп, соода токтоп калды. Бул жылы болсо шайлоо болгону турат жана кайрадан эле кандайдыр-бир саясый талаптар болушу мїмкїн. Сиздер єзїўїздєр деле тїшїнєсїздєр, Айыл-чарбасы экономика менен байланыштуу, анан эми муну саясат менен байланыштыра турган адамдар сєзсїз чыгат. Эгерде бул жылы

ТАМЧЫ КАБАР

Мунун себеби катары башка єлкєлєрдє тєє буурчактын тїшїмї єтє мол болгондугу айтылган. Ушул эле кепти Ниязалиев да ырастайт: «Тєє буурчакты башында сатып жибергендер єздєрїн актап, пайда табышты. Ал эми баасы дагы кєтєрїлєт деп кїтїп тургандар кїйїп кетишти. Жаўы Жылдан кийин Египетте тїшїм жакшы болду. Алар рекорддук санда чогултушту. Негизинен биздин импортерлор Болгария, Македония, Сербия, Хорватия, Словения, Словакия, анан дагы эў чоў импортер Турция болуп саналат. Болжол менен 50-60� Тїркияга сатылат. Алардан тышкары Иракка жана КМШ єлкєлєрїнє да экспорттолот. Таласта тєє буурчактан башка эч нерсе єнїккєн эмес. Туризм да, башка маданият да єнїкпєгєн. Бирок кече жакында эле Талас облусунун эли башка региондорго салыштырмалуу жетишээрлик жашашаарын окудум. Менин оюмча бул тєє буурчакты экспорттоодон улам» дейт ал. Ырас, Кыргызстандын ар бир аймагынын єзїнє тиешелїї єзгєчєлїгї бар. Ошонусу менен тиричилик кылып келишет. Ал эми ошол тиричиликти тыў єткєрїї їчїн ар дайым тынчтыктын сакталышы абзел. Кыргызстанда ар бир дыйкан, ар бир ишкер єз мээнетин актап турса, ал жалпы экономикабыз їчїн дагы жакшы єбєлгє болорун унутпашыбыз кажет. Акинай АЙДАРОВА

Ìèêðîàâòîáóñòàðäûí 44 àéäîî÷ó ãàíà æîë ýðåæåñèí æàêøû áèëåò *** ÅÀÝÁòèí òàëàáûíà ûëàéûê Êûðãûçñòàíäûí ëàáîðàòîðèÿëàðû, ëîãèñòèêà áîðáîðó æàíà áàøêà êåðåêò¿¿ øàðòòàð 90 ïàéûçãà äàÿð *** Íîÿáðü àéûíäà Êóâåéòòå Êûðãûçñòàíäàãû ìàäàíèÿò ê¿íäºð¿ ºòºò *** Èëìèÿíîâ «Âå÷åðíèé Áèøêåêêå» äàãû îí ìèëëèîí ñîìãî äîî êîþï, ñîòêî áåðäè *** Íàðûí îáëóñóíà æå¢èëäåòèëãåí íàñûÿäàí 218,8 ìëí ñîì áåðèëäè *** Íàðûí äóáàíûíäà 34 ìè¢ òîííà òîþò òîïòîëäó *** Áàòêåíäå 700äºí àøóóí àòóóëäóí æàðàíäûãû æîê *** Êûòàéäàí êåëèï æàòêàí òîâàðëàðäûí êºëºì¿ àçàéäû *** Êàçàêñòàí êåëåðêè áåø æûëäà Èíäèÿãà 5 000 òîííà óðàí ñàòàò *** ªçáåêñòàíäà òåëåêàíàëäàðäà æà¢ûðóó÷ó ûðëàð êºçºìºë㺠àëûíàò


5

«КЕДЕЙЛИКТИН ДАРТЫНАН, КЕЙИП ЖАНЫМ ЄКСЇДЇ…»

ПАРЛАМЕНТТЕГИ «КЕДЕЙ» ДЕПУТАТТАР Жогорку Кеўештин депутаттык мандатын чєнтєгї жука адамдардын ала алышы кїмєн жаратарын бешиктеги бала деле жакшы билет. Айрым депутаттар 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо депутаттык мандат тагыныш їчїн канча акча сарпталганын ачык эле айтып келатышат. Эў кеминде 100-150 миў доллар керек болот. Ал эми анча акчаны жалаў айлыктын кєзїн карап оокат кылгандар таба албайт. Ошондон улам дагы парламентке жалаў бизнесмендердин келип алганы баса белгиленип айтылып келет. Ырас, депутаттардын арасында жаштардын квотасы менен келип калгандар бар. Алардын ашкан байлыгы жок экенине ынансак болот. Бирок алар саналуу гана. Басымдуу бєлїгї Кыргызстандагы алдыўкы байлар. Ал эми алардын декларацияга толтурган кирешелери, кыймылсыз мїлктєрї кандай болууда? Кеп нугун мына ушул багытка буралы.

МАШИНЕСИ ДА, ЇЙЇ ДА ЖОК ДЕПУТАТТАР Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери карай парламент партасынан тїшпєй келаткан «Ата-Мекен» лидери Ємїрбек Текебаев 2014-жылы 1 миллион 58 миў сом киреше тапкан. Бул анын айлык акысы. Ал эми анын туугандары 3 миллион 191 миў сом кирешеге ээ болгондугу кєрсєтїлєт. Ошондой эле анын туугандары микро ГЭС, кафе, їч жер тилкесине жана їйгє ээлик кылышат. Андан сырткары «Тойота» маркасындагы авто машинеси бар. Ал эми Ємїрбек Чиркешовичтин єзїнїн їйї да жок, машинеси да жок экен. КСДП фракциясынан жаш депутат айым Ыргал Кадыралиеванын толтурган декларациясына їўїлсєк, анын да машинеси жана їйї жок болуп чыкты. Бар болгону айлыкка гана жашайт экен. Анын бир жылдык айлык акысы 700 миў 756 миў сомду тїзїптїр. Баарынан кызыгы анын туугандарынын дагы эч нерсеси жок экен. Бизнес да кылышпаптыр. Бардыгы айлык акыга гана «кїн кєрїп» атышкан имиш. Андай болсо жакында эле «Азат-

тыктын» иликтєєсїндє Ыргал айымдын туугандары иштетип аткан сауна кимдики болду экен деген суроо єзїнєн-єзї жаралат. Фракция лидерлиги їчїн катуу кїрєшкєн депутат айым Жылдыз Жолдошеванын толтурган декларациясы боюнча ал дагы кедей депутаттардын катарын толуктайт. 2014-жылы ал 1 миллион 77 миў сом киреше тапкан. Болгону ал айлык акысы. Андан сырткары їйї да, машинеси да, бизнеси да жок. Туугандары да ушундай эле кейипте экен.

ПАРЛАМЕНТТЕГИ ФРАКЦИЯ ЛИДЕРЛЕРИНИН ЭЎ КЕДЕЙИ Жогорку Кеўештин 5-чакырылышындагы беш фракциянын лидерлеринин ичинен эў эле кедейи «Ата-Журт» лидери Дастан Жумабеков болуп чыкты. Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына илинген декларация боюнча Дастан мырза жалаў айлык акыга гана жашап аткан депутаттардын бири экен. Єткєн жылы ал 836 миў 46 сом иштеп тапкан. Андан сырткары декларациясы боюнча анын 59,5 чарчы метрлик аянттагы батири бар. Ал эми туугандарында болсо акча

да, їй да, машине да жок экен.

ЖАЛАЎ АЙЛЫК АКЫГА ЖАШАГАН «РЕСПУБЛИКА» ЛИДЕРИ МАКСАТ САБИРОВ «Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров дагы толтурган декларациясына ылайык кедей депутаттардын катарын толуктайт. Анын айлык акысынан бєлєк кошумча киреше булагы жок экен. Декларациясы боюнча анын їйї жана жер тилкеси бар. Андан сырткары ЖЧКда їлїшї бар. Анысын ишенимдїї адамдын башкаруусуна тапшырган. Ал эми туугандарынын болсо курулуп бїтє элек їйї жана машинеси гана бар.

ЇЙЇ, ЖЕ БОЛБОСО ЖЕР ТИЛКЕСИНЕН БЄЛЄК МЫДЫРЫ ЖОК ДЕПУТАТТАР Акаев заманынан бери депутаттык креслодон тїшпєй келаткандардын бири «арнамысчы» Турсунбай Бакир уулу да парламенттеги кедей депутатардын катарына кирери белгилїї болду. Албетте эгерде ал толтурган декларацияга ишене турган болсок. Ал 2014-жылы 996 миў

321 сом иштеп тапкан. Менчик машинеси, эч кандай кыймылсыз мїлкї, бизнесте їлїшї да жок. Декларацияга ылайык Бакир уулунун туугандарынын дагы эч кандай кирешелери жок. Эч кандай ишкерлик менен алектенишпейт. Машинелери да жок, кыймылсыз мїлктєн болгону жер тилкелери гана бар. Дагы бир депутат айым Ирина Карамушкинанын кыймылсыз мїлктєрдєн болгону 105 чарчы метр аянттагы їйї гана бар. Эч кандай бизнеси да жок. Ал эми єткєн жылдагы айлык акысы 825 миў 590 сомду тїзгєн. Туугандарынын дагы эч кандай мыдыры жок. Тактап айтсак їйї да, машинелери да, бизнеси да жок. Ал эми «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов єткєн жылы 1 миллион 149 миў сом айлык акы алган. Машинеси жок, болгону їйї гана бар экен. Андан сырткары ЖЧКсы бар. Анысын ишенимдїї адамдардын башкаруусуна берген. Куловдун туугандарынын жылдык кирешеси 865 миў сом жарандык-укуктук бїтїм аркылуу, 363 миў сом айлык акы тїрїндє болгон. Алардын менчигинде їй, батир,курулуп бїтєлек имараты менен жер тилкеси жана турак-жай бар.

V ЧАКЫРЫШТАГЫ ПАРЛАМЕНТТИН “РАЗБОРКАЛАРЫ” Мєєнєтї аяктап бараткан V чакырылыштагы депутаттар ар кандай аракеттери менен коомчулукта тїрдїї пикирлерди жаратты. Беш жыл ичинде эл єкїлдєрї ортосундагы айрым чыр-чатактар жекеме-жеке мушташка чейин жетип, оозу-мурду канжалаган депутаттарды да кєрдїк. Ушул сыяктуу айрым окуяларды окурмандардын эсине салып коюуну туура таптык.

“КАН ТЄГЇЇ” МЕНЕН АЯКТАГАН КЫЛ ЧАЙНАШ 2011-жылдын апрель айында «Республика» фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов менен “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиевдин ортосундагы чатак “кан тєгїї” менен аяктаган. Кеў далылуу “Челюсть” (А.Сулайманов) мырза эч кимди кєзгє илбей тєш кагып жїргєн Ташиевдин мурдун кандап, эсин оодарган. Бул окуяда айрым депутаттар ортого тїшєм деп таяк жеп калганы да бар. “Сайгактап” жїргєн Садыр Жапаров Чатак

эмнеден улам чыкканы так айтылган эмес. Биз билгенден ошол маалда Камчыбек мырза коалициядан чыгабыз деп коркутуп, Ємїрбек Бабановду кызматтан кетирїїнї талап кылган. Буга ачууланган Алтынбек мырза Ташиевди жекеме-жеке сїйлєшїїгє чакырган. Айрымдардын айтымында бул окуяга чейин Камчыбек мырза парламентте єтє “кєпкєн” экен. Партиялашы Бахадыр Сулаймановду да спикердин кабинетинде койдой сабаганы ачыкка чыгып кеткен. 2012-жылы сентябрь айында атамекенчи эки Ємїрбектин кыл чайнашы жыйындар залында эле башталып кеткен. Текебаев мырза Абдрахмановду жакалаган алып “с...” деген уят сєздєрдї да айтканын уккандар бар. Депутаттар экєєсїн ажыратканына карбай “Ата Мекендин” лидери кайра тап берип аксакал Абдрахмановду эркекче сїйлєшїїгє чакырган. “АКШ жандуу” Абдрахманов Текебаевдин мындай таклибинен баш тартып, унчукпай кутулган.

КОРКМАЗОВ ДА КОРКПОЙТ ЭКЕН Ушул эле жылы атажуртчу

Камчыбек Ташиев менен Хаджимурат Коркмазовдун ортосунда да чатак чыккан. Камчыбек мырза “эски милиса” Хаджимуратты сыртка сїйрєт опузалап коём десе керек. Биз да бул окуяга кїбє болгон адам катары айтсак, Коркмазов да корккон эмес. Кайра Ташиевге тап берип, “керек болсо эметип коём” дегенге чейин барган. Депутаттардын жана топтолгондордун аракети менен ортодо кїч колдонууга жол берилген эмес. 2013-жылдын декабрь айында КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов менен Ємурбек Текебаевдин ортосундагы “разборка” кєпчїлїктїн кєўїлїн алган. Физрук депутат Мадеминовго Текебаевдин “Кумтєр” боюнча сїйлєгєнї жакпай ортодо кайым айтышуу жакалашууга чейин жеткен. Мурадыл мырза кїчїнє ишенип “карт бєрї” Текебаевге асылганы менен астына тїшїп калган. Буларды да депутаттар арачалап калган.

КЛАРА ЭЖЕНИН МАСЕЛЕСИ КАЙЫМ АЙТЫШУУНУ ЖАРАТТЫ 2015-жылдын 14-январында айрым маалымат каражаттары

Карганбек Самаков менен Каныбек Иманалиевдин ортосунда мушташ чыкканын жазып чыкты. Ишенимдїї булактар билдиргендей бул депутаттар ортосундагы келиспештик жыйындар залында башталып, Ак їйдїн їчїнчї кабатында депутаттар эс ала турган жерде уланган. Маалыматтарга караганда Карганбек мырзанын кабинетине Каныбек мырза бастырып кирип, жаактан ары чапкан экен. Бирок, окуя боюнча эки депутат эки башка версиясын айтып келет. 29-июнда Конституциялык

палатанын судьясы Клара Сооронкуованын маселеси каралып жатканда Равшан Жээнбеков менен Акылбек Султановдун ортосунда пикир келишпестик келип чыкты. Равшан мырза адатынча кыйкырып, Акылбек Султанов атырылып, жоон топ депутаттар эки депутаттын мушташуучусуна жол берген жок. Ошондой эле Равшан Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков да бирин-бири акмака теўеди. Кандай болгон кїндє К.Сооронкулова кызматынан кетти. Дамир ЭСЕНГУЛОВ

№ 136 • 10-июль, 2015-жыл


6

МАЕК ТЄР

Турдубек МАМБЕТОВ, Кыргыз Республикасынын єкмєтїнє караштуу

“РЕФОРМАНЫ МОДА

- Турдубек мырза, акыркы кездери айрым басма сєз беттеринде Сиздин ишмердїїлїгїўїз сынга алынып, архитектура тармагында аткарыла турган иштер кечигип жатканы айтылууда. Чын эле бул тармакты тарта албай жатасызбы? - Туура айтасыз, тактап айтканда айрым эмес, “Эл деми” деген гезитке мен, мен башкарган агенттик жєнїндє кайра-кайра жазып жатышат. Талдап карап кєрсєк, “Эл деми” №6 санына “Єкмєт менен ЖКга моюн бербеген Мамбетов” деген макала жарыялаган. Ушул эле гезит, жумасына бир жолу чыгуучу, кийинки №7 санына “Єзїн бага албаган шаардык архитектура, мэриянын карамагына єткєнї калды” деген материалды басты. “Эл деми” андан кийинки эле №8 санына “Курулушка болгон кош кєўїлдїк” деп да жазып чыкты. Ошол эле “Эл деми” №9 санына “Биздин укук” бейєкмєт уюмунун жетекчиси К.Ємїралиеванын “Єкмєттї баш, Мамбетовду тєш кылып сотко бергени жатабыз” деген интервьюсун басты. Андан кийин дагы №10, 11, 14, 15, 16 сандарына биздин тармак боюнча сын макалаларды жарыялашты. Бир эле гезит катары менен сандан санга, удааудаа Мамбетов, Мамкурулуш агенттиги жєнїндє тынбай жазып жатса, аргасыздан бул кимдир бирєєнїн атайылаган тапшырыгыбы деп ойлоого туура келет экен. Сындаганга каршы эмеспиз, эгерде сын туура айтылса, биз да туура кабыл алабыз, айрым бир байкабай, кєз жаздымда калып калган кєйгєйлєрдї кєтєрсє рахмат да айтабыз! Ал эми негизи жок, жєн эле сын деп тиешеси бар, жок эле нерсени жаза бериш туура эмес деп ойлойм. Мисалга, “Эл деминин” 26.06.15 деги санына басылган макаладагы эле мисалдарды алалы. Макаланын автору Жанара Галиева жазат: «2008-жылы Ысык-Кєл облусунун Тоў районунун Тєрт-Кєл айылында спорт залды куруу боюнча єткєн тендерде мыйзам бузуулар болгон», деп. Эми, 2008-жылы Мамбетов Мамкурулуштун жетекчиси эмес эле да. Андан ары автор К-Ньюстун материалдарына шилтеме кылып, “акыркы 10 жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте мыйзамсыз жер бєлїштїрїї кїч алды”, “Мамкурулушка № 136 • 10-июль, 2015-жыл

жетекчиликке Мамбетовдун келиши менен иш алдыга жылбай, токтоп калды, курулушта бекитилген долбоорлор жок, курулуш жїргєн жерлерде талап кылынуучу ченемдер эч жерде сакталбайт, оўдолуп жана курулуп жаткан имараттар коопсуздук талаптарына жооп бербейт” деп жазат. Андан ары, “Ата-Тїрк паркына тиешелїї жерлерди атка минерлерге берип салышкан, ал жерлерде кабаттуу жеке їйлєр курулуп жатат”, д.у.с. макаланын автору жер бєлїштїрїї Мамкурулуштун ыйгарым укугуна кирбешин билбейт окшойт, жерди жергиликтїї бийлик бєлїштїрєт. Мамбетовдун келиши менен кайсы иш, кандайча токтоп калганын жазбайт, жєн эле токтоп калды дейт. «Бекитилген долбоорлор жок» - деп, эмнени айтканы да тїшїнїксїз, долбоорлор экспертизадан єтєт, бекитилбейт. Курулуш жїргєн жерлердеги кєзємєлдї Мамэкотехинспекция жїргїзєт, коопсуздук маселелери, ченемдердин сакталышына ушул мамлекеттик орган жооптуу. Макала жазыштан мурун, айрыкча сындаштын алдында, «ким эмнеге жооп берет?» деп тактап алышса болмок. Мындай материалдар коомчулуктун оюн бурмалап, туура эмес маалымат таратат. Бул маселенин бир жагы. Экинчи жагынан алып караганда, биздин ишибизде кемчилик жок деп айтуудан алыспыз. Негизинен, иштеген иште кемчилик болуусу табигый маселе. Негизгиси, ошол кемчиликтерди азайтууга, жоюуга, тармакты алдыга жылдырууга кандай чаралар кєрїлїп жатат, ошондой ой-тилек, максаттар барбы, аларды иш жїзїнє ашырууга кандай жумуштар аткарылууда деген маселелердин тегерегинде кеп курсак болот. «Тармакты тарта албай жатасызбы?», деген сурооўузга тїз эле жооп берейин, тартып эле бара жатам, тартып кетїїгє билимим да, тажрыйбам да, кудуретим да толук жетет деп ишендирип кете алам. Билимим боюнча курулуш инженеримин, Фрунзедеги политехникалык институтун бїтїргєм, окууну жакшы окугам, жакшы билим алдым деп эсептейм. Тажрыйбам боюнча катардагы мастерден баштап, бир да кызматтык тепкич аттабай, республикадагы курулуш тармагынын жетекчисине чейин жеттим. Бул аралыкта кєптєгєн курулуш уюмдарын жетектедим, республикалык курулушту

кєзємєлдєє боюнча башкы башкармалыкты тїзїп, 12 жыл башкардым, Мамкурулуштун жетекчисинин орунбасары, губернатор кызматтарын аркаладым. Кудуретим, эрким жєнїндє айтсам, єзїм жаш кезимден каалап, тандап алган кесибимдин мамлекеттик тармагынын жетекчиси болуп иштеп жатам. Мен їчїн бул ар-намысымдын иши, ушуга чейин топтогон билимимди, тажрыйбамды жалпы кыргыз элинин алдында, єзїмдїн кесиптештеримдин алдында толук колдонуп, курулуш тармагы жалаў жаратмандык кесип экенин далилдеп берїїгє белсенип иштеп жатам. Мага чейин бул тармакта бир топ кєйгєйлєр топтолуп калган экен, аларды жоюунун їстїндє иштеп жатабыз, буюрса ийгиликтер алдыда! Менин дарегиме кийинки кездерде кєбїрєєк сын айтылганынын дагы бир себеби катары, азыркы кызмат ордума кайрадан дайындалуунун кечирээк болгону да болушу мїмкїн деп эсептейм. Бул орунга келем деген атаандаштар да болду, балким алар тарабынан кєрїлїп жаткан аракеттер болушу да ыктымал.

- Ошондой эле бул мекемеге жакындарыўызды, досторуўузду ишке алып жатканыўыз да сєз болууда. Мындай айыптоолорго кандай жооп берет элеўиз? - Бул суроо адегенде “Асман плюс” гезити, андан кийин жанагы мен айтып кеткен “Эл деми” гезитине кайталанып басылган “Єкмєт менен ЖКга моюн бербеген Мамбетов” деген макаладагы адамдар жєнїндє болуп жатса керек. Бул макалада, - Мамбетов кеўешчи кылып Єкмєт башчысы кийлигишип жатып жумуштан кетирген К.Бактыгуловду, ал эми жардамчы кылып айрылышкыс жакын досу, жердеши И.Шалтаевди алып келди - деп жазган. Эми Кадаўбай Бактыгулович жєнїндє айта турган болсок, ал адам Кыргыз Республикасынын Єкмєтїнїн Аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген адам. Бул орун саясий кызмат орду болгондуктан жумушка алуу, жумуштан кетирїї тїздєн-тїз Єкмєт башчысынын ыйгарым укугу менен ишке ашырылат, макалада жазылгандай кийлигишпей, этпей эле. Ал киши Єкмєттїн Аппаратынан иштей албай койгондугунан жумуштан алынган эмес, ал кишинин кызматтан кетиши боюнча саясий чечим кабыл алынган. Премьер-министр ким менен иштегиси келсе єзї билет. К.Бактыгулов Єкмєттїн Аппаратында иштеп турганда бир топ алгылыктуу иштер аткарылганын, алар ийгиликтїї болгонун кесиптештери бїгїнкї кїнгє чейин айтып келишет. Єзї Фрунзедеги политехникалык институтту Лениндик стипендия менен аяктаган, окумуштуу, кандидаттык диссертациясын В.В.Куйбышев атындагы Москвадагы инженердик-курулуш институтунда аспирантуранын кїндїзгї бєлїмїндє окуп, совет мезгилинде жактаган, техникалык илимдердин кандидаты, инженер-конструктор, абдан сабаттуу, ишке так адам. Кадаўбай Бактыгуловичти мен суранып жатып араў алып келдим. Ал эми жардамчым жєнїндє сєз кылсак, Ишеналы Суранович Шалтаев убагында Кыргыз Республикасынын биринчи Премьер-министри болгон Н.Исановго жардамчы болуп иштеген адам. Кесиби

боюнча инженер-куруучу, совет мезгилинде Ленинграддагы инженердик-курулуш институтун бїтїргєн. Кєптєгєн курулуш уюмдарында жетекчилик кызматтарды аткарып келди. Иш тажрыйбасы мол, ишке так, аппараттык жумушту жогорку деўгээлде билген адам. Мен мындай кишилер менен иштешпегенде, арызчыл, кутум салгыч, єз ишин жєндєй албай гезиттерге макалаларды, арыз жазууларды уюштурган, колу таза эмес адамдар менен иштешип, ийгиликке жете аламбы?

- Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштар кїн санап єсїїдє. Айрым эс алуу бактарына да кєп кабаттуу їйлєр курулууда. Мындай мыйзамсыздыктар эмнеден улам чыгып жатат? - Мыйзамсыз курулуштар кїн санап єсїїдє деп айтуу туура эмес болуп калат. Мыйзамсыз курулуштар бар, буга чейин болуп келген экен. Мен бул кызматка киришкенден кийин бул багытта талдоолорду жїргїзїп, бир топ мыйзамсыз курулуштарды аныктадык. Ал фактылар боюнча Башкы прокуратура, ИИМ, Коррупцияга каршы кызматтарга кайрылдым, алар єз деўгээлдеринде жумуш алып барышууда. Мындан ары мындай мыйзамсыз курулуштарга жол бербєє їчїн Бишкек башкы архитектурага, баардык региондордогу архитектуралык башкармалыктарга катуу тапшырма берилген. Башкармалыктын, райондук архитектуралардын кызматкерлери тарабынан байма-бай рейддер єткєрїлїп жатат. Аныкталган фактылар Кыргыз Республикасынын Єкмєтїнїн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясына берилїїдє. Мыйзамсыз курулушка жол берген жеке жарандардын, юридикалык жактардын жоопкерчилигин аныктоо, жоопко тартуу ушул инспекциянын ыйгарым укугу. Жакында Єкмєт тарабынан жакшы чечим кабыл алынганы турат, бїткєн курулуштарды пайдаланууга кабыл алуу укугун Мамкурулушка єткєрїп берїї жєнїндє, анда биз мыйзамсыз курулушка бєгєт коюуга жакшы мїмкїнчїлїк алат элек. Ал эми эс алуу бактарында турак їйлєрдїн курулушу жєнїндє сєз кылсак, тилекке каршы мындай фактылар жок эмес, бул жерлерди єз убагында жергиликтїї бийлик айрым жактарга менчикке берип койгон. Бул мыйзам бузуулар боюнча курулушка уруксат бербей койсок, алар сотко кайрылып, сот чечимди менчик ээлеринин пайдасына чечип коюуда. Ошондуктан ушундай кєйгєйлєр жаралууда. - Бул кызматка келгениўизге 2 жылдын жїзї болуптур. Мамбетов эч кандай реформа жасаган жок деген айыптоолорго кандай карайсыз? Сиздер єлкєдєгї жалпы курулуш тармагын кєзємєлгє алгандан кийин кандай иштерди жасап жатасыздар? - Менин бул кызматка келгениме 2 жыл боло элек, 1,5 жыл эле болду. Бирок ушул эле мезгилде бир топ жумуштар башталды, иш жїрїп жатат. Бизде реформа деген мода сєз болду. Жумушту мындай модалуу сєзї жок деле жазаса болот. Реформа дейбизби, ырааттуу жумуш дейбизби, иштин ийгилиги болуусу шарт. Реформанын максаты эмнеде? Буга чейинки жумуштагы терс кєрїнїштєр болсо, ошолорду


7

МАЕК ТЄР

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору:

КЫЛБАЙ ЭЛЕ ЖАСАСА БОЛОТ” аныктап, алардын чыгуу себептерин тактап, тагылган милдетти аркалоодо жалпы коомчулукка, элге кызмат кылууга багыттоо керек. Мындан сырткары, замандын арымына жараша бул тармактагы дїйнєдє болуп жаткан жаўылыктарды – жаўы технология, жаўы техника, жаўы материалдарды колдонуп, курулуш тармагын алдыга сїрєє максат болууга тийиш. Биринчиден, тармакта єтє олуттуу кемчиликтерге жол берилген экен, ошолорду тїп-тамырынан бери жоюу маселелеринин їстїндє иштєєдєбїз. Булардан арылып, кызматкерлерибизди туура жолго салып алсак, биздин биринчи жеўишибиз болот. Экинчиси, коррупциялык схемалардан арылуу. Бул багытта Коргоо кеўешинин кызматкерлери менен бирдикте терс схемаларды тактап чыктык, ар биринин їстїндє иштєєдєбїз. Їчїнчїдєн, калктуу конуштардын мындан ары єсїпєнїгїїсїн ырааттуу жїргїзїї їчїн Кыргыз Республикасы боюнча шаарлардын, айылдардын баарынын башкы пландарын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди, буга каражат бєлдїрїїнїн їстїндє аракет кєрїїдєбїз. Тєртїнчїсї, мамлекеттик структураларга атаандаш, жеке уюмдарды тїзїїнїн їстїндє да иш алып барып жатабыз. Мисалга, курулуштун долбоорлорун экспертизадан єткєрїїнї атаандаштык негизге, жеке тараптарга дагы берїї маселесин кароодобуз. Бешинчиден, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба тармактарындагы ыйгарым укуктуу органы катары жалпы курулуш тармагын ырааттуу єнїктїрїї максатында 2015-2017-жылдарга “Курулуш тармагын єнїктїрїї” стратегиясын тїзїїнїн їстїндє иш алып баруудабыз. Турак жай жана коммуналдык чарба багытындагы саясатты єркїндєтїї їчїн атайын программа иштелип чыгып, Єкмєттїн кароосуна, бекитїїгє жєнєтїлдї. Ал эми ичїїчї суу менен камсыздоо тармагында “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичїїчї суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну єнїктїрїїнїн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасы” иштелип чыгып, КР Єкмєтїнїн 24.09.2014-жылы №548-токтому менен бекитилди. Бул 10 жылга эсептелген чоў документ болуп саналат. Шаар куруу кодексин иштеп чыктык, Єкмєттє каралып, Жогорку Кеўештин бекитїїсїнє берилди. Бир кыйла курулуш ченемдери жана эрежелери (КЧжЭ, орусчасы СНиП) кызыкдар тараптар, окумуштуулар, адистер менен биргеликте кайрадан иштелип чыгып, кыргызча варианттары менен кошо бекитилїїгє даярдалууда. Экономика министрлиги, Єкмєт менен биргеликте кєптєгєн талаш тартышуулардан кийин, бул ченемдик-техникалык документтерди Мамкурулуштун єзїндє бекитїї укугуна ээ болдук. Бул документтер мурун Єкмєт тарабынан бекитилип, ыкчам тїрдє киргизилїїчї єзгєртїїлєр кєпкє создуктурулуп келген. Оруссиялык кесиптештер менен биргеликте курулушта баа бычуу боюнча ченемдик-техникалык документтер иштелип чыгып, бекитїї алдында турат. Дагы ушул сыяктуу арбын иштер аткарылууда, анын баарын биз мындай кылып жатабыз, андай кылып жатабыз деп айгайлаган жокпуз, єз ишибизди жылдыруудабыз. Дагы бел-

гилей кетїїчї нерсе, агенттик єз ишин ачык-айкын алып барууга аракеттенїїдє, Кыргыз Республикасынын Єкмєтїнїн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бєлїмї тарабынан “Ачык Єкмєт” саясатынын алкагында єткєрїлгєн рейтингдин натыйжасында биздин агенттик 20 мамлекеттик органдын ичинен 4-орунду ээлеп олтурат. Алып барып жаткан ишибиз менен жалпы коомчулукту кабардар кылып, коомчулук менен чогуу иш алып барууну да максат кылып койгонбуз.

- Буга чейин парламент депутаттары салынып жаткан мектептердин баалары ар кандай болуп жатканын айтып, нааразы болушкан. Мамлекет тарабынан курулган мектептердин бааларын кантип эсептейсиздер? - Негизинен мамлекеттик каражаттардын эсебинен курулуп жаткан дээрлик бардык эле курулуштардын, анын ичинде мектептердин дагы наркы атайын иштелип чыгып, бекитилген КР КЧжЭ (СНиП) 81-01-00 документинин негизинде жїргїзїлєт. Ал эми баалардын ар кандай болуп калышы кєп факторлого кєз каранды. Кубаттуулугу бирдей эле мектептер ар башка шарттарда курулса, бааларынан сєзсїз тїрдє айырма чыгат. Мисалга, ошол мектеп курулуучу жерлердин кыртышы ар кандай категорияларда болушу ыктымал, рельефи да ар башкача, курулуштун конструкциялары, материалдары да бирибиринен айырмаланышы мїмкїн, кыртыш сууларынын жер бетине карата жайгашышы, курулуш аянтчасынын сейсмикалык шарттары, курулуш материалдарын ташып баруу аралыктары, инженердик коммуникацияларга кошулуу шарттары д.у.с кєптєгєн шарттар бири-биринен айырмаланып турат. Ошонун баары курулуштун наркына таасирин тийгизет. Ошондуктан бул шарттары айырмаланган бирдей эле кубаттуулуктагы курулуш объекттеринин баасынан сєзсїз айырма чыгат. - Бишкекте 223 кєп кабаттуу їй курулуп жатса, анын ичинен 100дєн ашыгы эрежеге жооп бербейт деп жатышат. Жаўы салынып жаткан їйлєр элдин талабына жооп береби? - Бул маалымат боюнча менин кабарым жок, 100дєн ашык кайсы эрежеге жооп бербеген кєп кабаттуу їйлєр тууралуу сєз болуп жатат? Эми курулуп жаткан їйлєр, суроонун стилине жараша айтсак, бир нече багыттагы эрежелерге жооп берїїсї талап кылынат. Биринчиси, долбоор сапаттуу тїзїлїшї шарт. Муну биздеги мамлекеттик экспертиза департаменти карап, тыянак чыгарат. Экинчиси, имарат долбоорго ылайык курулушу керек. Їчїнчїсї, долбоордо кєрсєтїлгєн конструкциялар, материалдар сапаттуу болуп, курулуш технологиялары толук сакталышы абзел. Курулуштун сапатын камсыз кылуу їчїн 3 тїрдїї кєзємєл жїрїзїлєт: биринчиси автордук контроль, муну долбоорду тїзгєн уюм кєзмєлдєйт, курулуш долбоорго ылайык жїрїгїзїлїїдєбї же жокпу деп; экинчиси, курулуштун тапшырыкчысы (заказчик) тарабынан жїргїзїлєт, техникалык кєзємєл деп аталат; їчїнчїсї, бул мамлекеттик контроль, муну Кыргыз Республикасынын Єкмєтїнє ка-

раштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кєзємєлдєйт. Биз єз тарабыбыздан тапшырыкчынын контролун кїчєттїк, биздин тїзїмдїк бєлїнїшїбїз болгон Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин алдында атайын бєлїм бар, ошол бєлїм ишке ашырат. Бул мамлекет тарабынан каржыланган курулуштарга гана тиешелїї. Ал эми Бишкекте курулуп жаткан турак їйлєрдї менчик фирмалар салып жатышат, анын негизги кєзємєлїн жогоруда мен айткан мамлекеттик инспекция кєзємєлдєйт. Биз долбоорлордун сапатын тыкыр кєзємєлгє алуудабыз, ал жагына жооп беребиз.

- Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарга уруксат берилген жерлер бар. Мындай кєрїнїштєргє ким жол берип жатат? - Эми мыйзамсыз курулуштар жєнїндє жогоруда айтып кеттим, бул мурун айрым курулуш жїрбєй турган жерлерди жергиликтїї бийликтер тарабынан жеке менчикке чыгарып берип койгондон болууда. Мындай жерлер боюнча, коомчулук жакшы билет, бїгїнкї кїнгє чейин соттук териштирїїлєр жїрїп жатат. Кєпчїлїк учурларда сот єкїмї ошол менчик ээлеринин пайдасына чечилїїдє - Мамкурулуштун мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков бул тармакта бир да профессионалдуу адистер калбай калганын айтууда. Адистер жок тармакта кантип иштеп жатасыздар? - Эми Ишенбай Дїйшємбиевич калыс сєзїн айтса туура болмок, жашы деле єйдєлєп, аксакал курагына келип калды. Єзї жумуштан кетсе эле, мурда иштеп кеткен жерин жамандай береби? И.Кадырбеков иштеп турган мезгилдеги кадрлардын кєбї азыр да иштеп жатышат. Ал киши келери менен єз командам менен иштейм деп борбордук аппараттан баштап, тїзїмдїк бєлїнїштєргє чейин кызматкерлердин 80�ын алмаштырган. Бїгїнкї кїндє ошолордун 40�дан ашыгы дагы деле иштеп жатышат. Алардын ичинен КеўешовТ.С., Ботоев И.К., Раисова Н.А., Абдраев Ж.М., Акматалиев М.А., Абдиев Б.А., Кубатбеков Ч.К. ж.б. кєп жылдык тажрыйбалары бар, курулуш тармагында таанымал, дасыккан адистер экенин кесиптештер, Кадырбековдон башкалары, танышпаса керек. Мындан сырткары агенттик КР Курулушчулар, Архитекторлор союздары, Долбоорчулар, жаш курулушчулар ассоциациялары менен тыгыз иш алып барып жатат, бул коомдук уюмдардын да кызматкерлеринин, мїчєлєрїнїн тажрыйбаларын кошо пайдалануудабыз. Ишенбай Кадырбеков ошол эле “Эл деми” гезитинин №12 санына берген интервьюсунда “Мамлекеттик курулуш чарба агенттиигинде шаар куруу маселесин чечїїчї бир дагы профессионалдуу адам жок” дептир. Єзї иштеп турганда ага 1-орун басар болуп иштеген, эки жолу Бишкек башкы архитектура башкармалыгын жетектеген, Оруссиянын Гагарин шаарында башкы архитектор болуп 10 жыл иштеген, архитектура илимдеринин кандидаты, КМАКжТ университетинин “Шаар куруу” кафедрасынын башчысынын милдетин аркалаган Тєлєбай Сейдакматович Кеўешов бизде Архитектура,

шаар куруу жана аймактарды єнїктїрїї башкармалыгын жетектеп келди. И.Кадырбековдун жогорудагы сєзїн “Т.С.Кеўешов шаар куруу боюнча адис эмес”, деп тїшїнєбїзбї? Буга акыл-эстїї киши макул болбосо керек. Асылгандын дагы чеги болгону дурус. Макалада Кадырбеков дагы, “Мамбетовдун деўгээли тємєн, аны достору К.Байболов жана А.Салымбековдор эле кызматка алып келишкен”, деген сєздєрдї айтыптыр. Анысына да гезит аркылуу жооп берип коёюн, менин деўгээлиме Кадырбеков баа бере албайт, ага муктаж да эмесмин, мен їчїн Кадырбеков “єткєн мезгил”, менин ишиме курулушчулар, жалпы эле курулуш тармагынын кызматкерлери, КР Єкмєтї баа берет. Мага “Эмгек сиўирген курулушчу” наамын жєн эле берип койбосо керек. Экинчиден, мени кызматка Жогорку Кеўештин “Ар-Намыс” фракциясынын 25 депутатынын ичинен 22 кол коюп берип, фракциянын лидери Ф.Ш.Куловдун сунушу менен Премьер-министр бекиткен. Азыркы Єкмєттїн учурунда да ошол эле фракциянын 20 депутаты кол коюп, колдоп беришти. Кадырбеков интервьюсунда мисал катары, -Тынчтык жана Бєкєнбаев кєчєлєрїнїн кесилишинен тартып, Логвиненко кєчєсїнє чейин жєє басып єтїїчї жол жок, дептир. Бул кєчєнїн жєє жолсуз калганына да єзї себепкер, ал кєчє Кадырбеков ушул агенттикти жетектеп турган мезгилде жасалган, бул айтканына караганда эмне кылганын унутуп калса керек. Эгерде, Кадырбеков менин орун басарларым жєнїндє айтайын десе , ага кошулууга болот. Буга чейин бир орун басарымдын кесиби юрист, экинчисиники – энергетик болчу. Эми орун басарларды дайындоо Премьер-министрдин ыйгарым укугу экен, мурунку Єкмєт башчыбыздын убагында ушундай чечилип калган. Мурунку Премьер-министрге бир нече жолу адистерден коюп берїїсїн суранып, кайрылгам. Темир Аргембаевич келгенден кийин маселе коюлуп, азыр ушул шаар куруу, архитектура тармагын тейлеген орун басарды кесиби архитектор, кєп жылдан бери ушул агенттикте иштеп келген кызматкерибизди коюп берди, жамаатыбыз ыраазычылык билдирип олтурат.

- Бишкектин Фучик паркында курулуш жїрїп жатканы кєпчїлїктї нааразы кылууда. Аталган сейил бакка турак жай салууга эмне тїрткї болду? - Бул суроо буга чейин массалык маалымат каражаттарында, Жогорку Кеўеште Д.Бекешов тарабынан кєтєрїлгєнї маалым. Бул маселе боюнча такташуулар жїргєн. Эми, жер бєлїп берїї маселеси Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укугу, жер ажыратылып берилмейин эч ким курулушка уруксат бере албайт. Парк ичиндеги курулуштар буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери менен жеўил конструкциялардан турган кафеге, коомдук дааратканага, кампага, административдик имараттарга берилиптир. Ал эми турак жай їчїн деп берилген бир да документ табылган жок. Биздин сурооталап боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак-жай курулуш департаментинин берген тастыктамасы боюнча їй курууга жер участкасы бєлїнгєн эмес. Карачач ШАКИРОВА № 136 • 10-июль, 2015-жыл


8

ЭНЕРГЕТИКА

“ДАТКА – КЕМИН” КЄМЄК ЧОРДОНУ КАНТИП КУРУЛДУ? Кыргызстандын эгемендїїлїк кїнїнє карата “Датка-Кемин” кємєк чордону бїткєнї турат. 2012-жылдын 5-июнунда Кытай єкмєтї менен жетишилген келишимдин негизинде баштаган бул долбоорго расмий Пекин 389 млн. доллар жеўилдетилген насыя бєлїп берген. Ал эми Жогорку Кеўеш 2012-жылдын 14-июнунда бул долбоор боюнча атайын келишимди їч окуудан колдоп берген. 500 кВттык бул кємєк чордон толугу менен ишке кирсе Кыргызстан энергетикалык жактан толугу менен кєз

карандысыздык алат. Белгилей кетсек, буга чейин Токтогул ГЭСинен єндїргєн єзїбїздїн электрди Єзбекстан жана Казакстан аркылуу ташып келчїбїз. Коўшулар кааласа кыш чилдеде свет бербей койгон кїндєрдї да башыбыздан єткєрдїк. Эми мындай кєрїнїшкє жол берилбейт. Негизи эле бул долбоордун салынышына жана иштин єз ыргагында жїрїшїнє президент Алмазбек Атамбаевдин салымы єтє чоў. Тємєндє бул долбоордун курулушу тууралуу фото репортажды сунуштайбыз.

2012-ЖЫЛДЫН 26-ИЮЛУНДАГЫ КУРУЛУШУ ИШТЕРИ:

“ДАТКА” КЄМЄК ЧОРДОНУ, 2013-ЖЫЛ 27-МАЙ:

30 АПРЕЛЬ 2014-ЖЫЛ “ДАТКА” КЄМЄК ЧОРДОНУ:

2014-ЖЫЛДЫН 8-ОКТЯБРЫ:

2014-жылдын 18-июлунда ошол кездеги єкмєт башчысы Жоомарт Оторбаев Датка—Кемин кємєк чордонуна барган. Ал аталган долбоорду Борбор Азиядагы эў кубаттуу жана заманбап кємєк чордон катары атаган. Ошондой эле Ж.Оторбаев Кыргызстан бул долбоорду ишке киргизїї менен Єзбекстан жана Казакстанга транзит їчїн тєлєй турган 15-20 млн. доллардан кутула турганын билдирген.

“ДАТКА—КЕМИН” КЄМЄК ЧОРДОНУН КУРУУ ИШТЕРИ 2015-ЖЫЛДЫН 25-ИЮНУ:

2015-ЖЫЛДЫН 10-АПРЕЛИНДЕ УЛУТТУК ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ ИШКАНАСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ МЕДЕТБЕК АЙТКУЛОВ “ДАТКА—КЕМИН” ДОЛБООРУ 90 ПАЙЫЗГА АЯКТАП КАЛГАНЫН ЖАРЫЯЛАДЫ Сїрєттєр: С.Досалиев, Улуттук электр станциялары ишканасынын маалымат кызматы жана Tazabek интернет сайты № 136 • 10-июль, 2015-жыл

2014-ЖЫЛДЫН 28-НОЯБРЫНДА 500 КВ “КЕМИН” КЄМЄК ЧОРДОНУН КУРУУ ИШТЕРИ АЯКТАДЫ:


9

ДЕМИЛГЕ

ОШТО “ЫНТЫМАК БАКЧАСЫ – ЫНТЫМАКТУУ ШААР” ДОЛБООРУ УЛАНУУДА Ошто КСДП партиясы тарабынан уюштурулган “Ынтымак бакчасы” долбоорун ишке ашыруу уланууда. Кїн сайын аниматорлор жана волонтерлор балдар аянтчаларына жакын їйлєрдє жашаган балдарды чогултушат. Программага кыймылдуу оюндар, мелдештер, табышмактар жана чыгармачылык конкурстар киргизилген. Уюштуруучулардын планында тєрт жумада 45 короону кыдырып чыгуу каралган. 1-июлда старт алган акция учурда їч миў баланы єз кучагына алды. Кечээ, 8-июлда “Ынтымак бакчасы” “Анар” ки-

чирайонунда болду. Ош шаардык кеўешинин депутаты Абдывахап Нурбаевдин айтымында, долбоор кєчєлєрдїн, кварталдардын, короолордун деўгээлинде шаардыктардын ынтымагы чыўдалышына мїмкїндїк берет. “Биз балдарда кєп достор жана майрамдар каалайбыз. Мындай долбоор Бишкекте башталып, бизге аябай жаккан. Ошондуктан аны биз Ошто да ишке ашырууну чечкенбиз. “Ынтымак бакчасы” ийгиликтер менен єтїп жатат, балдарга аябай жагып, кїлїп-жыргап жатышат, алар конкурстарга, мелдештерге активдїї катышууда, биз максатыбызга жеттик десек болот” – деди ал.

«КЫРГЫЗСТАН» ПАРТИЯСЫНЫН КОЛДООСУНДА “ЧЕГИ ЖОК МЇМКЇНЧЇЛЇКТЄР ДЇЙНЄСЇ” РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСУ ЄТТЇ Íàðûíäà “×åãè æîê ì¿ìê¿í÷¿ë¿êòºð ä¿éíºñ¿” ðåñïóáëèêàëûê êîíêóðñó æûéûíòûêòàëäû. Ì¿ìê¿í÷¿ë¿ã¿ ÷åêòåëãåí æàðàíäàð àðàñûíäàãû òàëàíòòóóëàðäûí ÷ûãàðìà÷ûëûãûí ýëãå àëûï ÷ûãóóíó êºçäºãºí ìûíäàé èø-÷àðà “Êûðãûçñòàí” ïàòèÿñûíûí êîëäîîñó àñòûíäà ºòò¿. Àòàëãàí êîíêóðñ óøóíó ìåíåí 3-æîëó ºò¿ï æàòàò. Íàðûí ìóçûêàëûê äðàìà òåàòðûíûí èìàðàòûíäà ºòêºí áóë ìàäàíèé èø-÷àðàãà êîíêóðñàíòòàðäû êîëäîï, áåëãèë¿¿ ýñòðàäà ûð÷ûëàðû ÿëíóð Ñàòûëãàíîâà æàíà Íóðëàí Íàñèï äà êåëèï, ýëãå, ì¿ìê¿í÷¿ë¿ã¿ ÷åêòåëãåí òàëàíòòóó æàðàíäàðãà æûëóó ìààíàé òàðòóóëàøòû. Ðåñïóáëèêàëûê êîíêóðñêà êåëãåí “Êûðãûçñòàí” ñàÿñèé ïàðòèÿñûíûí òºðàãàñû Êàíàòáåê Èñàåâ, ïàðòèÿ ì¿÷ºëºð¿ Íàðûí îáëóñóíóí ýêñ-ãóáåðíàòîðó Êàíàòáåê Ìóðàòáåêîâ, ÊÐ ÆÊñûíûí äåïóòàòòàðû Òààëàé Èáðàåâ , Àëìàçáåê Áààòûðáåêîâ, Ñóëòàí Ðàåâ, Êóáàò Îòîðáàåâ,Áàéãàçû Êåíæåáàåâäåð Êûðãûçñòàíäûí á¿òê¿ë àéìàãûíàí êåëãåí àð áèð êîíêóðñàíòêà ïàðòèÿ àòûíàí äàÿðäàëãàí áààëóó áåëåêòåðäè òàïøûðûøòû.

ЭР ЖИГИТ ЄЗ ЭЛИНИН КАМЫН КЄРЄТ

Єткєн жумада, Кочкор районунун маданият їйїндє дарыгерлер кїнїнє карата иш чара болуп єттї. Иш чарага жогорку кеўештин депутаты Таалай Ибраев чакырылып, дарыгерлер кїнїнє карата єз сєзїн сїйлєдї. Єз сєзїндє жалпы дарыгерлердин иштерине калоо тилектерин айтып, азыркы убакта дарыгерлер аймактарда аз айлык алып, кыйын шарта иштеп жатышканын эске алып, дарыгерлер їчїн мамлекет тарабынан кам кєрїрїлїп жатканын айттып, акчалай сыйлыктарын тапшырды. Дарыгерлерди ар дайым колдоп турсак ден-соолугу чын улут жана таза коом курмакчыбыз. № 136 • 10-июль, 2015-жыл


10

КЛУБ

“Клубда бир да адам четте калбай жапа тырмак, жеўди тїрє киришип тїбєлїккє калчу нерсе жаратты”

- КиноКлуб деген эмне? - КиноКлуб – бул чыгармачылык бирикме. КиноКлубдун максаты, адам єзїн, єзїнїнїн идеяларын кино аркылуу элге алып чыгып, жеткирїїсїнє єбєлгє тїзїї. КиноКлубда катышуу учурунда кээ бирєєсї єзїнїн актерлук дареметин ача алса, кээ бирєєлєр єзїнїн режиссерлук талантын кєргєзє алат. Кинодо андан башка кєптєгєн кесиптер бар. Клубда негизгиси бул баарлашуу, санаалаш болуу – пайдалуу жана жагымдуу нерсени айкалыштыруу. - КиноКлубка ким мїчє боло алат? - Кино дїйнєсїнє кызыккан ар бир адам мїчє боло алат. Кээде фотоаппарат менен сїрєт тартканды, же киномонтажды їйрєнгїсї келгендер келип, анан билинбей кинонун сыйкыр дїйнєсїнє кирип кетишет. Клубка каалаган адам келе алат, бирок бир азганактай талаптар да жок эмес. Адамдар менен баарлашу єткєрїлїп, алардын жєндєм-шыгы аныкталат.

- КиноКлубдун башка адистештирилген мекемелерден устат-окуулардан айырмасы эмнеде? - Биз кандайдыр бир мектеп же окуужай эмеспиз, жєн гана чыгармачылыкта єз тажрыйбабыз менен бєлїшєбїз. Канткен менен, клуб мїчєлєрїнє «Кино єнєрї» аттуу курсу каралган. Аны кесип кєй адис, драматург Маяк Айсстрбай алып барат да, ошол эле учурда кєркєм жетекчи болуп, єз тажрыйбасы менен лекция окуу жолу менен эмес, жайма-жай бєлїшєт. Мен єзїм Эрнест Абдыжапаровдун 6чы Устат-окуусунун бїтїрїїчїсї болом, киного 2012-жылдарда келгем, салыштырмалуу аз гана мезгил, бирок бир билгеним, киночулардын басымдуу кєпчїлїгї бир эле катаны кайталап, бир эле идеяны тегеренип жїргєндєй. Менин каалоомдо, кинонун негиздерин єздєштїрїп, анан алгалай жаўы, кайталангыс форма, жаўы багыттарга умтулуу керек.

- Эгер клуб мектеп эмес, курстар эмес болсо, анда жолугушуулар кандай форматта єтєт? - Биздин жолугушуу форматыбыз – бул интерактив, эч ким унчукпай отурбайт, ар бирєєнє сєз берилет, ар биринин ою, пикири, идеясы кызык. Туура эмес болсо да єзїнїн оюн ачык жарыялоо. Анан бара-бара идеялар эленип, жакшырып, бышырылат. Биз жумасына 3 ирет саат 19:00 дон 21:00 чейин бир ай бою чогулабыз, баарлашабыз, кино кєрєбїз, кызык оюндарды єткєрєбїз. Ар бир кїндїн темасы, планы бар эркин чыгармачылык кечелер єтєт. Ар бир адам єзїнїн чыгармачылык дареметин толук ачып алууга єбєлгє тїзєбїз. Ай аяктаарда КиноКлуб мїчєлєрї кыска метраждуу тасма жаратышат, ар бири клубдун жеке, єздїк ID номерине ээ болот да, андан ары КиноКлубдун єзїнїн жабык иш-чараларына катышууга укук алат. - Ушу тапта сиздердин КиноКлуб кайсы эмгек жаратты? - Биз жакында гана, ушу жылдын май айында баштадык, бирок ага чейин кєп мезгилдер бою кино чєйрєдє иш алып барчубуз. Биринчи топ чогулаары замат Клуб жанданып тєрєлє баштады, адамдар адегенде уялыўкы болгон менен бара-бара достошуп, аягында бир їй-бїлє болуп калды. Эў негизгиси Клубда бир да адам четте калбай жапа тырмак, жеўди тїрє киришип тїбєлїккє калчу нерсе жаратты. Бул «Кукуруз» аттуу татынакай,

кыскаметраждуу комедия. Бул кино ары кїлкїлїї, ары кейиштїї курч социалдуу чыгарма болду. Эми экинчи топту тїзїп атабыз, бирок биринчи топ єзїнїн экинчи фильмин Ысык-Кєлдє тартууга бел байлады. - КиноКлубдун кандай техникалык базасы бар? - Биз Aknurfilm студиясы менен кызматташабыз, алардын кино тартууга керек болгон бардык техникасы бар. Aknurfilm базасында їн жазуу студиясын да ачканбыз, КиноКлуб мїчєлєрїнє керектїї техника жетиштїї десек болот. - Сиздердин келечектеги ой-максатыўар, дымагыўар эмнеде? - Элестетип кєрїўїз, ынак достор чогулуп бир идеяны талкуулап, аны, кудай буйруп, ишке ашырышып ийгиликке жетишти дейли. Андай жолугушууларды каалаган жайда, миўдеген адамдар єткєрїшєт. Биз деле ошондой чогулуп, идеяларды талкуулайбыз, бирок, кандайдыр бир жаўы формат же жаўы алгоритмде єткєрїїгє ниеттенебиз. Анан алга умтулуу керек. Аны їчїн жакшы команда жана иштиктїї механизм талап кылынат, айтмакчы бир топ даяр десек болот. Андыктан, Кыргызстанда кино тармагын дагы бир деўгээлге кєтєрєбїз деген ниеттер бар. Биздин дымак ошондой.

Маектешкен Нургуль Айылчиева

Казактарга Кыргызстандан унаа сатып алууга качан уруксат беришет? «Бажы биримдигине киребиз» деген «азгырыктан» улам Кыргызстанга акыркы жылдарда ишкерлер 100 миўге жакын унаа ташышкан. Эскерте кетсек, ушул жылдын май айынын башында узак сїйлєшїїлєрдєн соў Кыргызстан акыры Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирди. «Биз Казакстанга кайрадан эски унаалардын ташылып киришине кызыкдар эмеспиз»,– деп билдирди Казакстандын инвестиция жана єнїгїї боюнча вицеминистри Альберт Рау. Аткаминер ошондой эле Кыргызстандын єзїнїн унаа чыгаруу єнєр жайы болбогондуктан, єлкєгє 10 жылга чейин унаага карата ташып келїїнїн бажы ченеми алынып салынган єткєєл мезгил киргизилгенин тїшїндїрїп єттї. Журналисттер Кыргызстан менен ЕАЭБдин єлкєлєрї тарабынан кол коюулган документтерди карап чыгышып жана Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши жєнїндє келишимдеги єткєєл мезгилдин шарттары жана аны колдонуу боюнча протоколдун № 1 тиркемесинен бул тууралуу маалыматты табышты. Бул тиркемеде ташылып келинген кыргыз унааларынын жагдайы кандай боло турганы так жазылган.

№ 136 • 10-июль, 2015-жыл

Документке ылайык, 2014-жылдын 1-январына чейин ташылып келинген унаалар Бажы биримдигинин товары катары эсептелет экен. Аны ЕАЭБдин єлкєлєрїндє айдоо жана каттоого тургузуу теориялык жактан алганда Бїгїн Казакстанга Россиядан жана Белорусиядан келген товарлар сыяктуу эле эч кандай маселе жаратпайт. Бирок албетте бул унаалар сол рулдуу болушу кажет. Бирок ушул эле протоколдо жогоруда аталган документ ЕАЭБдин єлкєлєрїндє жана Кыргызстанда КРдин Россия, Казакстан жана Белорусия менен экономикалык биримдикке биригишине мїмкїндїк берїїчї ички мамлекеттик процедуралар толук бїткєндєн кийин гана кїчїнє кирери кєрсєтїлгєн. Эми унаалар тууралуу сєзгє кайтып келели. Вице-министр Альберт Рау эскерткен єткєєл мезгил тууралуу протоколго дагы жазылыптыр. Негизинен анда Кыргызстанда унаага карата арзан бажы салыгы 2020-жылдын 1-январына чейин боло турганы кєрсєтїлгєн. Бул мєєнєттєн кийин Кыргызстанга унааларды ЕАЭБдин алкагында иштеп жаткан бирдиктїї бажы тарифи менен гана ташып кирїїгє болот.

Кыргызстанга жеўилдик берилген мезгилде ташылган, тактап айтканда 2014-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейин ташылган унаалар ЕАЭБдин єлкєлєрїнїн каттоосуна алынат жана аларга ЕАЭБдин бажы салыгы менен Кыргызстандын бажы салыгынын ортосундагы айырманы тєккєндєн кийин гана бажыдан єткєрїїгє уруксат берилет. Ушундан улам тємєнкїдєй жыйынтык чыгарууга болот: Биринчиден, 2014-жылдын 1-январына чейин Кыргызстанга ташылган унаалар-бул Бажы биримдигинин товары! Башкача айтканда, Россиянын жана Белорусиянын унаалары сыяктуу эле аларды Казакстандын аймагына тоскоолдуксуз сатып алып кирїїгє жана унаа сол рулдуу болсо Казакстанда каттоодон єткєрїїгє болот. Бул тууралуу кандайдыр бир чектєє КРдин ЕАЭБге кириши тууралуу келишиминде, протоколдо жана тиркемеде кєрсєтїлгєн эмес. Жыл боюнча, Евро-4 стандарты боюнча жана башкалар жєнїндє эч кандай чектєє жок. Экинчиден, 2014-жылдан кийин ташылган баардык унаалар ЕАЭБдин бажы ченеми боюнча бажыдан єткєрїлїїгє тийиш же болбосо бажы ченеминин орто-

сундагы айырмалуу баа тєлєнїшї керек. Їчїнчїдєн, 2014-жылдын 1-январынан кийин Кыргызстанга киргизилген унааларды Казакстандын аймагында бажы салыгын тєкпєй туруп, ишеним кат менен айдоого мїмкїн эмес. Тєртїнчїдєн, ушул жылдын кїзїндє Казастан, Россия жана Белорусиянын чегарасы КРде 2014-жылдын 1-январына чейин каттоого алынган сол рулдуу унаалар їчїн ачылат жана аларды жєн гана кирип сатып алууга болот. Бул арада Казакстанда 26-майдан тартып Казакстан Республикасынын єнїгїї жана инвестициялар боюнча министринин № 342 «Казакстан Республикасынын унаа жолдору боюнча жїрїїгє ылайыкталган автотранспорт каражаттарынын параметрлерин бекитїї жєнїндє» буйругу кїчїнє кирди. Бул буйруктун негизинде Казакстандын аймагына ЕАЭБдин єлкєлєрїнєн, башкача айтканда Россия менен Белорусиядан жана жаўы кошулуп жаткан Кыргызстандан Евро-4 экоклассы, АБС, ДХО жана башка стандарттарга дал келбеген мїнєздємєлєрї бар унаалардын алынып киришине чектєє коюлду. Булак: Кабар Ордо


11 ИЛМИЯНОВ ОЎОЙ ЖОО ЭМЕС “Жыгылсаў тєєдєн жыгыл” деген “бийик” кыял менен жашаган айрым саясый серепчилер иттен жыгылып, бозала болушууда. Маселен, дайыма ботодой боздоп Икрамжан Илмияновго акидей асылган Уран Ботобеков соттон утулуп мойнуна 1 миллион 800 миў сом айып пул салынды. Эми алына карап асылса болмок да? Єзїнїн акыбалына карабай мурдагы ак їйдїн чоўуна муштумун кєрсєтєм деп минтип турмугу єзїнїн башына келтек болуп тийди. Тейтеўдегендин да артында опол тоодой кїчї болуш керек эмеспи? Анысы болбогон соў бечелге жєтєлдїн кереги бар беле? Мурдагыдай “кара дєєсї” арачалаганга шаасы жетпеген соў жєн эле оокатын кылбайбы деген киши жок. Ошого чала болду, дагы жакшы сот боору ооруп айып пулду азайтып коюптур

дегендер басымдуулук кылат. Эми ар кимдин єзїнє ылайык жарма достору болору айтпаса да тїшїнїктїї. Соттун чыгарган чечимине ылайык доодон кутулушу талап кылынат. Жеўин желкесине чейин тїрїнгєн Дадилбайларга иш табылды. Ар кимден “салык-бертик” чогултууну булар илгертен бери айта берип кулактарды тап-тешик кылып салышкан. Окшошконго, жарашкан “жуптар” кышка чейин эптеп каражат чогултууга кара жанын чабышат.Азырынча болгону Равшан Жээнбеков бир сомун аябай турганын билдирди. Алардын “ишмердигине” караманча каршылар тескери басып кетишеринде шек жок. Катмары суюк серепчилерди мээси ордундагылар кантип колдомок эле? Єтє кїйїмдїїлєрї болсо алыста акмалап турушат. Бирєєгє ор ка-

зардан мурун єзїн ойлоп койсо мындай балээден алыс болмок. Туура эмес серептеген серепчилер жаза тайып кетерин Ботобеков тастыктады. Бул калгандарына сабак болсо соттошуулар кескин азаймак.

КСДПны ТЕБЕЛЕЙ БАШТАШТЫБЫ? Саратандын ысык кїндєрїндє партиялар ортосунда калчылдашмайлар кїчєп бараткандай. Тєбєлдєрї эс алгандай тїр кєрсєткєнї менен алардын кеўешчи-таўашчылары “ууга” чыланган компроматтарын мейкиндикке таратышууда. Саясый серепчимин деп кєкїрєгїн каккандар оозуна от тиштеп алып “душмандарына” эпсиз їйлєєдє. Бутага дал тиеби, же кур дїрмєт кетеби алардын иши жок. Болгону кожоюндардын буйругун убагынан кечиктирбей аткарса эсеп.

ОРТОГО ЧОК САЛГАНДАР КИМДЕР? Бетине чїпїрєк жаап алып, бєє деп коркуткандар жайнап кетти. Айрыкча Адахан Мадумаров менен Аскар Салымбековдун ортосуна “муздак жыланды” соймоўдотуп жиберїїгє куштар болгондор ар кандай божомол- дєдємєлдєрдї токушуп, кызыкка батып кєз салып турушат. Алардын пикири боюнча бїтїнгє айланган бул партиянын келечеги бїдємїк экен. Кєзї ачыктык кылган кыйындар шайлоодон булар кур жалак каларын калжырашууда.

Мындай сандырак кептин маўызы жок экенин кайра-кайра айткандан партиянын теў тєрагалары жадап деле бїтїштї . Ага карабай жалган кепке чулганган имиштер токтогон жок. Тескерисинче кїчєп баратат. Ошентсе да “Бїтїн Кыргызстан

Эмгек” партиясы кїзгї шайлоого катуу даярдыктарды кєрїп жатканын бизге официалдуу тїрдє билдиришти. Ал эми ортого “чагылган” таштоону кєздєгєндєрдїн тилеги таш кабарын да кыстара кетишти. Чамасы чоў кїчкє ээ болгон партиядан коркушкан атаандаштары ар кайсы амалдарды колдонуп жатышса керек. Негизи бул партиянын электораты кїндєн-кїнгє арбып баратканын байкоо кыйынчылык туудурбайт. Демек, айрымдардын тынч уктоосуна бул жетишкендик кедергисин тийгизип жатканы жашыруун эмес.

КОЧКОРДО САЛЫНГАН МЕКТЕПТЕРДИ КАРАП КОЙГОН ЖАН БАРБЫ? Мындай чара кєрїїгє мектеп имараттарынын кооптуу экени себеп болду. Мектептердин биринин эскилиги жетсе, экинчисинин сапатсыз курулган. Кочкор районунун Кара мойнок айылындагы орто мектептин оор тагдырына зээни кейиген Качкынбек Укеев 1989-жылдан 2000-жылга чейин ушул билим уясында директор болуп эмгектенген. Тилекке каршы, єткєн кылымдын орто чендеринде тургузулган эски имаратты жаўыртууга жан їрєгєнї менен, андан ырыстуу майнап чыкпай, эми ал кулап калуу коркунучунда. Кочкор районун Кара мойнок айылынын тургуну Качкынбек Укеев: "Ушул мектептин кошумча имаратын курууга 60 миў кирпич кеткен. Аны ташып-тїгєтє албай, акырында 60-70 жаштагы абышкалар жардамга келишкен. Ошондон кийин бир аз оўоло тїшкєнбїз". Абылгазы уулу Ишенаалы атындагы бул мектепте азыр 240 бала билим алууда. Чындыгында, аны пайдаланууга Єзгєчє кырдаалдар министрлиги эчак эле тыюу салган. Бирок, айылда аны алмаштырган жай болбогондуктан, кудай єзї сактасын деп тобокелге салууга туура келїїдє. Инженер-архитектор Асанбек Жанаев: "Мында эч кандай сейсмикалык эрежелер сакталган эмес. Ошондуктан чєгїп, жаракалар кєп. Демек, аны пайдаланууга болбойт".

Ал эми, Кара мойнокко коўшу Ак жар айылындагы мектептин курулганына беш жыл да боло элек. Жаўы экендигине карабай катуу шамалга туруштук албайт. Жакында эле спорт залынын бир капталы шамалга учкан. Ошондой эле ушу тапта айрым класстык бєлмєлєр да керектен чыккандыктан, мындагы 403 бала кененкесир батпай, толук кандуу билим алууда бир топ эле ыўгайсыздыктар бар. Кочкор районун Ак жар орто мектебинин директору : "Ушул кезге дейре 30 ашык комиссия келип кетти. Баарысы теў эле бїтїрєбїз дешет. Бирок иш жїзїндє андай эмес". Негизи 2007-жылкы катуу жер титирєєдєн кийин Бишкектеги "Хан теўири" куру-

луш компаниясы тарабынан бїткєрїлгєн Ак жар орто мектеби "чу" дегенде эле оўкосунан тїшїп, ага сарпталган 47 миллион сом кимдин чєнтєгїнє тїшкєнї алигиче белгисиз. Балким, бул сумманын їчтєн экисин мамлекеттик курулуш комитетинин ошондогу жетекчилери "ап" деп коюшкандыр. Антейин десеў, райондон тартып, жогорку соттогуларга чейин маселени "Хан теўиринин" пайдасына чечип, жарым жылга жетпей жарактан чыккан мектеп эми кимдин эсебинен оўдолоору табышмак. Ал ортодо элеттик балдар эзилип, мына-мына кулай турган билим уясы чатырда єткєрїштї. Азыр кайрадан мектептин 65 млн. сомдук курулушу башталды. Буюрса жаўы мектепке киребиз деп турабыз.

Оппозиция аралындамын дегендер айрыкча КСДП билермандарын капталдан да, буктурмадан да согуп турган кези. Алардын туу башында Ємїрбек Текебаев єзї туруп алып тескери кебин тєгє баштаганына айран таў калгандар болууда. Бирок бул лидердин жїзїн жаттап бїткєндєр парламентке келїї їчїн ал ар кандай амалдарды колдоноорун билдиришїїдє. Чынында эле бийлик дегенде жылаўачтанып кармашуудан кайра тартпаган адамдын “аракетине” тїркїн тїстє баа бергендер кыжылдап толуп кетти. Ал эми мойнунан сыйрытмагы алынган Камчыкенин маалымат каражаттары эми Текебаевдин багытына єтїштї. Чамасы Мырзакматовун кошуп алып шайлоонун чакчалакейин чыгаргысы келип жатса керек. Ал тургай їчїнчї ыўкылап чыкса КСДП кїнєєлїї болот деп ачыктаганга чейин барышканы эмнени каўкуулап турат? Ушинтсек токтоп калабы деген ниетте Чыныбай Турсунбеков :- Андай оппозиционер экениўерди эмне їчїн мурда билдирип, коалициядан чыгып кетпедиўер, азыр деле кеч эмес деген сєзї менен билдирип єттї. Саясат деген єтє ыпылас нерсе экенин партиянын тєбєлдєрї айкындап таштагандай. Эгерде андай болбосо Бакыт Тєрєбаев чанып кеткен “Улуттар Биримдигине” Текебаевдин кїнї тїшмєк эмес. Кандай болбосун добуш алсам экен деген їмїттєн мурун принципти кармануу керектигин Ємїке унутта калтырган жок. Аттиў, аны утулуп калуу коркунучу ушуга тїртмєктєп жатпайбы? Кєрсє бийлик оорусу жїздєрдї миў ирет алмаштырууга муктаж кылат экен. Анын їстїнє шайлоодо бир добуш їчїн канча нерв кетет дейсиў? Айтор, сокбилегин камдап айгай салчу мезгил келди окшойт. Ар кимиси єз арбайын согуп, партиялардын тирешїїсїнєн жер “титиреп” жатканы байкалууда. Минтип отурушса кызыктар эрте эле башталат сыўары. Эмнеси болсо да элге кесепети тийбесе болгону. Анткени оюндан от чыгаргысы келгендер кєзїн кызартып алыстан акмалап турушканынан кабарыбыз бар. Парт лидерлер оболу ошондон сак болушу учурдун єктєм талабы. Кыргыз єлкєсїнїн, анда жашаган элинин амандыгы- баарынан артык турарын ким унутса аны кусур уруп кетет. Андай мисалды качып кеткен эки падыша айгинелеп койгон. Демек, карапайым элге туруктуулук керек.

№ 136 • 10-июль, 2015-жыл


12

КАТКА ЖООП

ЭЛЕБЕСОВДОН “ЭЛ ДЕМИНЕ” ЖООП Коррупцияга каршы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан катуу кїрєш жїргїзїлїп жатканын жалпы ЫсыкКєл эли аны менен бирге Кыргыз республикасынын Єкмєтїнїн Ысык-Кєл облусундагы ыйгарым укуктуу єкїлчїлїгї дагы кїрєшї жїргїзїїдє, деп кепти баштады Руслан Элебесов.

“ Эл деми” гезитинин “ЫсыкКєл фондун кемирген Элебесов, Маликов Каптагаевдин кадырларыбы” деген макалада келтирилген дооматтар негизсиз экендигин билдирїї менен аталган гезиттин редакциясына тємєндєгїдєй жооп берїїгє туура келїїдє. Президентибиз жеке эле коррупция менен кїрєшїїгє кєўїлїн бурбастан адилеттїїлїктї жана тактыкка дагы басым жасоодо экендигин баардыгыбыз билебиз. Фонд Ысык-Кєл облусунун социалдык муктаждыктарын жоюуга Кумтєр ишканасы тарабынан которулган акча каражаттарынан тїзїлєт. Жогорудагы токтомдун негизинде “Кумтєр Оперейтинг Компани” ишканасы фондго тапкан пайдасынан 2� єлчємдє акча каражатын фондго чегерилип келген. Ал эми, 2009-жылы “Кумтєр долбоору боюнча жаўы макулдашуулар” тїзїлїп, ушул макулдашуунун негизинде Ысык-Кєл єнїктїрїї фондуна “Кумтєр Оперейтинг Компани” ишканасынын дїў кирешесинин 1� єлчємдє акча каражаты которулуп келїїдє. Жогорудагы жаўы макулдашуулардын негизинде “Кумтор Оперейтинг Компани” ишканасы тарабынан аталган фондго чегерїїлєрдїн кєлємї кескин кєбєйгєн. 1997-2014-жылдын аралыгында “Кумтєр Оперейтинг компани” ишканасы тарабынан аталган фондго чегерїїлєр 2 млрд. сомдон ашык сумманы тїзїп, бїгїнкї кїндє облустун социалдык муктаждыктарын аткарып келет. Кыргыз Республикасынын Єкмєтїнїн 2011-жылдын 27-июлунун “Ысык-Кєл облусун єнїктїрїї фондусу жєнїндє” № 416 токтомуна ылайык баардык акча каражаттарынын сарпталышы район шаарлардын байкоочу кеўештери тарабынан бекитилген пландын негизинде, облустук байкоочу кеўешке сунушталып бекитилет. 1997-2006-жылдар арасында бардыгы болуп 101,8 млн сом тїшкєн. 2007-2008-жылдары аталган

№ 136 • 10-июль, 2015-жыл

ишкана тарабынан облусту єнїктїрїїгє акча каражаты чегерилген эмес. 2009-жылдын март айынан тартып жыл аягына чейин 148,2 млн сом келип тїшїп, социалдык, маданият, дене-тарбия жана спорт тармактарындагы курулуш, оўдоп-тїзєє жумуштарын, материалдык-техникалык базаларын бекемдєєнї жана материалдык жардам кєрсєтїїлєрдї каржылоого жумшалган жана район, шаарларга тємєндєгїдєй которулуп берилген. - Жети-Єгїз районуна-2789,9 миў сом; - Тоў районуна-18264,4 миў сом; - Балыкчы шаарына-2608,3 миў сом; - Каракол шаарына-6753,4 миў сом; - Ак-Суу районуна-32615,5 миў сом; - Тїп районуна-43734,2 миў сом; - Ысык-Кєл районуна-20167,6 миў сом; - Областтык мекемелерге9471,6 миў сом. Тармактарга бєлїнїшї тємєндєгїдєй: - Билим берїї тармагына-24434,6 миў сом; - Саламаттыкты сактоо тармагына-2967,7 миў сом; - Маданият тармагына-2626,2 миў сом; - Спорт тармагына-3613,8 миў сом; - Жол жана инфраструктураны оўдоо жана айыл чарбасын колдоо тармагына-102762,5 миў сом. 2010-жылы 316,6 млн.сом Кумтєр ишканасы тарабынан тїшкєн, єткєн жылдын калдыгы менен алганда жалпы 354,7 млн. сом акча каражаты чогулуп анын ичинде; - Билим берїї тармагына 117,8 млн.сом, - Саламаттыкты сактоо тармагына 21,9 млн сом, - Маданиятка 12,9 млн.сом, - Спорт тармагына 9,8 млн сом - Жол жана инфраструктураны оўдоо жана айыл чарбасын колдоо тармагына 19,3 млн сом акча каражаттары сарпталып жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан 13 мектеп ишке берилген. Мындан сырткары 7 объектинин, анын ичинде 3 мектептин, 2 спортзалдын, 1 оорукананын жана 1 маданият їйїнїн курулуш иштери улантылган. 2014-жылы облустун єнїктїрїї фондусуна 366,3 млн. сом болжолду тїрдє прогноз Кумтєр ишканасы тарабынан берилген. Ошондой эле 2014-жылдын “Кумтєр Оперейтинг компани” тарабынан 396,1 млн сом келип тїшкєн. 2013-жылдын пайдаланылбай калган акча каражаттарынын калдыгы менен алганда 50,5 млн сом, кайра кайтаруу жолу менен тїшкєн 7,0 млн сом кайтарылып жалпысынан 446 миллион 73 миў сом чогулган. Жогорудагы чогулган акча каражаттардын район, шаарларына 412,2 млн. сом каржыланган.

Тармактарга бєлїнїшї тємєндєгїдєй: 1. Билим берїї тармагына 166 миллион 276 мин сом; Мисалы: 2014-жылы областын аймагында 8 мектептин курулуш иштерин аяктап эксплуатацияга берилген. Ошондой эле кєптєгєн билим тармагынын объекттеринин оўдоо иштерине кємєк кєрсєтїлдї. Ысык-Кєл районуна 2 микроавтобус жана Балыкчы шаарына 1 микроавтобус окуучуларды ташууга сатып берилди. 2. Саламаттыкты сактоо тармагына 27 миллион 540 миў сом; Мисалы: Арал айылында ФАПтын оўдоо иштерине, Областтык оорукананын имараттарынын оўдоо иштерине жана Ак-Суу районундагы балдар реабилитациялык борборуна, областтык саламаттыкты сактоо тармагынын объекттеринин оўдоо иштерине кєптєгєн акча каражаты жумшалууда. 3. Маданият тармагына 12 миллион 900 мин сом; Мисалы: Жети-Єгїз районундагы Дархан айылынын клубунун курулушу 2015-жылга колдонууга берилїїсї кїтїлїїдє, ар бир райондун маданият їйлєрїнїн оўдоо иштерине акча каражат каржыланды. 4. Спорт тармагына 50 миллион 460 миў сом; Мисалы: Тоў районунда Туура-Суу айылында спорт залдын курулушу аяктап колдонууга берилди, Жети-Єгїз районунда 3 спортзал, Тоў районунда 3 спортзал, Ысык-Кєл районунда 2 спортзал, Тїп районунда 1 спортзал курулууда, ошондой эле Каракол шаарындагы Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттин спортзалын курууга єздїк салым катары 5000,0 миў сомдон жылына колдоо кєрсєтїлїїдє. Ошону менен бирге, Тоў, Жети-Єгїз райондорунун спортсмендерин колдоо кєрсєтїї максатында 1,0 млн.сомдон каржыланды ал эми, Ысык-Кєл, Тїп, Ак-Суу райондоруна 800,0 миў сом акча каражаты спортсмендердин чыгымдарына каржыланды. 5. Жол жана суу менен камсыздандырууга 128 миллион 415 миў сом; Мисалы: Каракол шаарында, Коенкозов, Айтматов, Гагарина, Алдашев кєчєлєрї, Ак-Суу районунда, Теплоключенка айылынын Мухтаров кєчєсї, Кара-Жал айыл аймагындагы Звероферма насостук станциясын кайра калыбына келтирїї, Тоў районунда, Кажы-Сай айылынын ЫсыкКєл кєчєсїнїн каналдары. 6. Киреше алып келїїчї долбоорлорго 8 миллион 555 миў сом; Мисалы: Киреш алып келїїчї ишканаларды тїзїї максатында Балыкчы шаарына 5 даана HOWO маркасындагы жїк ташуучу авто унаа сатып алынды, Ак-Суу районунун Теплоключенка жана Бєрї-Баш айыл аймактарына Техниканы тейлєє станцияларын тїзїїгє жабдууларды сатып алынып берилди, ЖетиЄгїз районуна караштуу Барскоон айылына Кара-Бак дол-

боору боюнча акча каражаты каржыланды. 7. Долбоорлорго єздїк салымдар 18 миллион 52 миў сом. Мисалы: Областын ар бир районунда жыл башында стимгрант, АРИС жана башка эл аралык уюмдарга, ошондой эле, жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдарынын иш-чараларына єздїк салым катары акча каражаты каралып бекиген. Бул єздїк салымдар аркылуу кєптєгєн маселелер чечилїїдє, себеби, Мектептердин оўдоо иштерине эл аралык уюмдарга долбоор жазылып колдоого алынса ошол долбоордун жалпы суммасынын 20 пайызын фонд аркылуу єздїк салым катары каржыланууда. Мындан сырткары облустун ичинде жумушсуздук менен камсыз кылууда жалпысынан 45 подряддык мекеме иштеп, анын ичинен 29у облуста жайгашкан жергиликтїї ишканалар болуп эсептелет. Бул ишканаларда 2500 адам жумуш орду менен камсыз болушкан. Бул иштердин баардыгын аткарууда Ысык-Кєлдї єнїктїрїї фондусу башкаруу дирекциясы тарабынан кєзємєлгє аланып мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын негизинде иштер жїргїзїлєєрї анык. Ар кандай саясий єнєктїктєр башталганда эле єнїктїрїї фондусуна ар кандай дооматтар айтыла баштай. Ага бир мисал эл деми гезитинде жарык кєргєн бул макала. Бул макалада кєрсєтїлгєн фактылар боюнча жана курулуш фирмаларынын арызданышы боюнча Кыргыз Республикасынын Єкмєтї, коррупцияга каршы кызматы, каржы полициясы, прокуратура органдары тарабынан текшерилїїдє. Бул дооматтар негизсиз. Жогоруда белгилеп кеткен “долгострой” курулуштарга єнїктїрїї фондусу эч кандай тиешеси жок экендигин билдирїї менен бул акча каражаттарды пландоо талдоо жана байкоочу кеўешке сунуштоо райондук, шаардык аткаруу бийлигине жїктєлгєндїгїн билдирип кетет элем. Элебесов Руслан мамлекет-

тик кызматта 2000-жылдан бери иштеп 2010-жылы Кыргыз Республикасынын убактылуу єкмєтїнїн декрети менен Жети-Єгїз районунун башчысы акимдин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Жогорку билимин 2004жылы аяктаган жана ага чейин финансы техникумун аяктаган. Кайрылууда кєрсєтїлгєн курулуш фирамалары аталган фонддун ишин так аткарбай бїгункї кїндє облустун укук коргоо органдары тарабынан иш козголгон жана издєєдє жїргєн ишканалардын дооматтары негизсиз. Кыргыз Республикасынын Єкмєтїнє кайрылуу жолдоп арызданып жаткан “КабаСнабстрой”, “Жоомарт-Элес”, “Топ инфо +” жоопкерчилиг чектелген коомдору. Руслан Элебесов 2010-2012жылдары Жети-Єгїз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин милдетин аткаруучу болуп иштеген. 2011-жылы райондук кеўештин сессиясында айрым депутаттары, Кызыл-Суу айыл єкмєтїнїн башчысынын сунушу менен Кызыл-Суу айылыны борбордук бєлїгїнє ажаткана, сметалык баасы 1,5 млн. сомго салуу боюнча чечим кабыл алынган. Бул чечимге Элебесовдун каршы болушуна карабастан аткарууга тапшырылган жана тендер 1,3 млн сомго єткєрїлїп жыйынтыгында 800,0 миў сом акча каражаты которулуп, курулушу толугу менен аяктап ишке берилген. Ал эми бул маалыматты таратып жїрєт деген Мукалай аттуу жаран фамилиясы Мойноков адам єлтїрїї фактысы боюнча иш козголуп Кыргызстандан сырткары качып жїрїп кийин келип эс акылы ордунда эмес деген маалымат каты бар экендигин райондун эли, айрыкча Кызыл-Суу эли баардыгы билет. Ал эми Элебесовко райондук же болбосо облустук прокуратура тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча такталбаган маалымат экендиги коррупцияга каршы кызматы тарабынан такталып маалымат жалган экендиги аныкталган. Карачач ШАКИРОВА


ДУБА

13

ЖАКШЫ ДУАЛАР. КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ КЇНЇМДЇК ДУБАЛАР ЖАНА АНЫН СЫРЛАРЫ - ТАГДЫРГА ЫЙМАН КЕЛТИРЇЇ жакшы деген баага тапшыргандыктан бул дїйнєнїн устаздары болушуту, Аллахтын динин Испаниядан Кытайга чейин тарката алышты, Улуу Ислам Империясын курушту жана Акыр Кыяматка чейин келчї їммєткє жакшы єрнєк болуп калышты[2]. Дуба ыклас менен, туура жана дубаны тосуучу себептерден сактануу аркылуу кылынуусу керек.

ТУРМУШКА КЕРЕКТЕЛЇЇЧЇ КЇНЇМДЇК ДУБАЛАР Аллахумма иннии асальу-Ка: ъильман наафиъан, ва ризкон тоййибан, ва ъамалян мутакоббалян. Аллахым, мен Сенден сурайын: пайдалуу илимди, жакшы ырыскыны жана кабыл болчу амалды (Ибн Мажа: 925) Аллахка мактоолор, шїгїрлєр, хамды санаалар болсун – Тагдыр темасына байланышкан дагы бир макалабызды улантууга мїмкїнчїлїк берди. Тагдыр маселеси єтє орчундуу сабак. Ал мусулмандын ыйманишенимдеринин бирден бир маанилїї чоў бєлїгї. Тагдырды туура тїшїнбєгєндїктєн адамдардын арасында фаталисттик жана пессимисттик жагдайлар пайда болот. “Аллах бардыгын жаратса, бардыгын башкарса эмне їчїн биздин кїнєєгє мажбурлап, кайра кылган ката їчїн бизди жазалайт?”, “Аллах кудуреттїї го, эмне їчїн шайтанды, каапырларды, жер жїзїндєгї жамандыктарды жок кылып койбойт?”, “Аллах Таала Єзї башкаруучу болсо, анда адамдардын єз алдынча бир нерсени тандоого эрки барбы?” деген суроолор пенденин эсин эки кылып айраў кылат[1]. Бир гана Аллах каалаган, тандалган пенделер тагдыр маселесин туура єздєштїрїп кете алышат. Ошондуктан, урматтуу окурман, бул маселеде болушунча ыклас кылып, берилип жаткан материалды Аллахтын жардамы менен гана сиўире алышыўызды билиўиз! Ошону менен эле бирге тагдырды тереў єздєштїрєм деп адашуунун чуўкуруна тїшїп кетїїдєн сактануу керек. Хадисте келгендей: “Ашыкча тереўдєєчїлєр єлїштї” делет. Бул дегендик илимдин бир эле суроосун ийне-жибине чейин изилдейм деп пайдасыз, кереги жок жолго тїшкєн киши, маанилїї чоў суроолорду жакшы єздєштїрє албай калат, жана да чыгып келген “тїшїнїксїз” суроолорго жооп таба албай, єзїн-єзї бушаймандуулукка салып, жок кылат. Тагдыр маселесинин негизи – Аллахтын кайыпты билген илими. Кайып нерселерге умтулуу, Аллахтын “кирбе!” деген эшигине баш багуу. Абу Ханифа рахматуллахи алейхи айткандай: “Тагдыр маселесин окуу, кїндєгї тактарды кароо менен салыштырса болот. Канча кєп башыўды кєтєрїп тактарды карайм десеў, ошончо сокур боло бересиў”, б.а. тагдырдын бизге белгилїї бєлїгїн изилдеп коюу - бул маселени канаатандыраарлык тїшїнїїгє жетиштїї. Бирок ким тагдырдын адамдарга белгилїї жагынан єтїп, Аллахтын кайып илимине кийлигише баштаса, “кантип? чын элеби?” деген суроолорго жооп берїїнї кєздєп тагдырды дагы-дагы изилдей берсе, аягы барып жїрєгїн шек-кїмєн ороп, кєўїлїн тынчсыздануу ээлейт. Тагдырды туура тїшїнїї адамды активдїї болууга, жоопкерчиликке, себептерди максималдуу колдонуп максатка умтулууга кїч берет, натыйжада дїйнє-акыреттин ийгилигине алып келет!! Тагдырды ката тїшїнїї адамды пассивдїї болууга, жалкоолукка, алсыздыкка тїртєт, турмушунун акыбетин ийгиликсиз кылат. Пайгамбарыбыздын (салляллаху алейхи уа саллям) мектебинен чыккан сахаба жана табаиндерибиз бул маселени эў

‫كلأسأ يّنإ ﱠمُهﱠللا‬: ‫ًالﱠبَقَتُم ًالَمَع و اًبِّيَط اًقزِر و اًعِفان اًملِع‬ “Аллахумма иннии асальу-Ка: ъильман наафиъан, ва ризкон тоййибан, ва ъамалян мутакоббалян” “Аллахым, мен Сенден сураймын: пайдалуу илимди, жакшы ырыскыны жана кабыл болчу амалды” Бул дубаны Пайгамбарыбыз (салляллаху алейхи уа саллям) багымдат намазынын аягында окучу. Дубанын сыры: багымдат кїндїн башы, багымдатты кандай тоссоў кїнїў ошондой уланат, багымдат учурунда ушул кїнї аткарылчу иштердин ийгиликтїї болуусун суроо керек, аткарылчу иштердин эў эле жакшысы эле илим талап кылуу[3], адал ырыскы їчїн иштєє[4] жана сооптуу кайрымдуулук иштерин кылуу[5]. ‫ىلَع يّنِعأَ ﱠمُهﱠللا‬: ‫َكِتَدابِع ِنسُح و َكِركُش و َكِركِذ‬ “Аллахумма аъиннии ъалаа: зикри-ка, ва шукри-ка, ва хусни ъибаадати-ка” “Аллахым, мага жардам бер: сени эстешке, сага шїгїр келтиришке жана сага жакшылап ибадат кылышка” Дубанын сыры: Ля хавля ва лаа куввата илля билляхи, же Аллахтан башка кїч жана кубат жок. Адам єз каалоосу менен гана ибадат кыла албайт, албетте Аллах тараптан кандайдыр бир жардам, илхам[6], тїрткї болушу шарт. Ошондуктан ибадат кылуу кыйын болуп калганда ушул дубаны окуп туруўуздар. Жана “5 убак намазга киришїїнї каалайм, бирок эмнегедир окуй албай жатам” дегендер ушул дуба менен тилдерин нымдап, тез-тез кайталап туруусу зарыл. Ал эми таквалык жолунда бекем болуп ихсан даражасына умтулган момун мусулмандарга эскертме – “Аллах эч бир нерсеге муктаж эмес, биздин да сиздин да таат-ибадаттарыбызга муктаж эмес, эгер биз антип ойлосок Аллахтын сыноосу келип тескерисин далилдеп коюшу мїмкїн. Ошондуктан бул дуба менен дайым достошуп, Аллахтын жолунда дайым ибадат кылууга каалоо тилеп туруўуздар” ‫ِرْيَخـْلاِب ْمِّمـَت و ْرِّسَعُت ال و ْرِّسَي ِّبَر‬ “Рабби йассир ва лаа туъассир ва таммим биль-хойр” “Раббим! Жеўилдет, оордотпо жана иштин аягын жакшылык менен бїтїр” Дубанын сыры: Бул дуба дїйнє иштеринде да, акырет иштеринде да жардам берет. Кайсыл нерсени Аллах жеўилдетсе ошол нерсе гана бизге жеўил болот. Кантип Аллах иштерди жеўилдетет: биринчиден адамга илхом берет, керектїї илим берет, каражат, кїч, кудурет, убакыт берет, экинчиден ошол ишти аткарууга жардам берет жана жыйынтыгын ийгиликтїї кылып берет. Натыйжада пайда болгон акыбетти берекелїї[7]кылып берет. Аллаху аълам!

ДУБА – МУСУЛМАНДЫН ЭЎ КЇЧТЇЇ КУРАЛЫ! “Чындыгында, базардагы бааларды коюуучу Аллах. Ал кай бирєєнє ырыскысын кыскартып, кай бирєєнє чексиз байлык берет. Ырыскыландыруучу зат-Аллах Эстесеў, сени менен ушундай болду беле?.. Сен Аллахка жалбарып дуба кыласыў, бирок жооп келбейт. Сен тынбастан кайра-кайра Ага кайрыласыў, бирок эч нерсе єзгєрбєйт. Кїтє берип тажайсыў, аягында

їмїтїў їзїлєт да дуба кылууну таштайсыў. Сени менен ушундай болду беле? Дубаларыбыз эмне себептен кабыл болбойт? Эмнеликтен биз єз каалоолорубузга жете албайбыз? Дубанын кабыл болушунун сырлары барбы? Єз эўсегенибизге дуба аркылуу жетїї жолу кандай? Ушул суроолордун кээ бирин биз бул макалабыздын бетинде карамакчыбыз. “Дуба – бул Жараткан Аллахтан жардам, камкордук тилєє. Дубанын маўызы – Бийик Аллахка муктаждыгыбызды кєрсєтїї, (жакшылыкка жетїї болсун же жамандыктан сактануу болсун) єз кїч-кубатыбыздын алсыз экенин билдирїї, пенде экендигибизди моюнга алуу, Аллахты даўазалап мактоо жана Анын жоомарттыгын тїшїнїї” (альХаттабинин берген аныктамасы боюнча)

ЖАРАТКАН ЭГЕЎ ТУУРАЛУУ ЖАКШЫ ОЙДО БОЛУУ – ДУБА КАБЫЛ БОЛУУСУНУН НЕГИЗИ Аллах, субхан ва таала, эч кемтиксиз зат. Анын бардык сыпаттары толук жана мактоого татыктуу. Анын бир гана “Бол” деген буйругу чыкса ошол замат ал нерсе аткарылат[1]. Анын кїчїнє жана илимине чек жок. Эч нерсе Аны адаштыра албайт жана билимин унуткуза албайт. Бардык макулуктар Анын эркинен чыгышпайт: ааламдагы планеталар, асман менен жер, коом жана анын иштери[2], инсан жана анын руху[3]. Бирок,Аллахтын кудурети жана эрки Анын даанышмандыгына жана илимине ылайык келет. Бул тууралуу кеўири сєз “Тагдырга ишенїї” макалаларынын єткєн чыгарылыштарында берилген. Аллах кудуреттїї Зат, жана Ал пендесине мамиле кылат, кантип пенде єз Эгеси жєнїндє кїмєндєнсє, б.а. Аллах тууралуу жакшы кїмєндє болсо Ал жакшылыгын аябайт, жаман кїмєндє болуп тагдырга нааразы болуп жїрсє ал киши жарыбайт. Хадис кудсийде (ыйык хадис) келгендей: “Аллах Таала айтат: - Пендем Мен тууралуу кандай ойлосо Мен ошондоймун. Эми, эмне ойлосо єз иши” (Ад-Дарими). Хадистин башка риваятында келет: “Аллах жєнїндє жакшы ойдон башка эч кїмєндє болбогула” деп (Ибн Раджаб). Эгер инсан дуба кылып жатып Аллахтын кудуретине, ырайымына, адилеттїїлїгїнє же билимине шек келтирген болсо, ал ошого жараша жооп алат. “Раббиўерге кїмєн санаган ушул силердин ката пикириўер силерди єлїмгє алып келди. Эми зыян тартуучулардан болуп калдыўар” (Фуссылат сїрєсї, 23аят), “Силер (Аллахка) жаман ой-пикирде болуп, жок болуучу коом болдуўар” (альФатх сїрєсї, 12-аят) АЛЛАХ АГА КАЙРЫЛУУЧУЛАРГА ДАЙЫМА ЖООП БЕРЕТ! Курандын бир нече аятында Аллах Ага дуба кылгандарга жооп кайтаруусун убада берген. Аль-Бакара сїрєсїнїн 186-аятында айтылат: “Кулдарым Мени сенден сураша турган болсо, чындыгында Мен (аларга) абдан жакынмын. Чакыруучунун чакырыгына жооп беремин. Алар да Мага жооп беришсин, Мага ыйман келтиришсин, алар туура жолдо болушат”. Ушуга окшогон башка аяттар да бар. Ат-Табарани хадис келтиргендей, Пайгамбар (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: “Дуба кылууга мїмкїнчїлїк берилген адам, анын жообу да ага берилет. Себеби Аллах айтат эмеспи: “Мага дуба кылгыла Мен жооп беремин” (аль-Гофир сїрєсї, 60-аят) деп” Башка хадисте айтылат: “Аллах бирєєгє дубанын эшиктерин ачып коюп, кайра ага кабыл кылуунун эшиктерин жаап койбойт” (Ибн Раджаб)

АНДА ЭМНЕГЕ БИЗДИН ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛБОЙТ? Дубанын кабыл болушунун жолу єтє

жєнєкєй. Аны бул формула менен чектеп койсо болот: Дуба = ыклас + туура дуба жасоо + дубаны тосуучу себептердин сактануу Ыкластуулук – бул дегендик таухидди кармануу, жана ширктен алыс болуу[4], кичине ширк же чоў ширк болбосун. Ар дайым Жаратуучу менен жана Анын макулуктары менен чынчыл болуу. Анын кудуретине, адилетине, мээримине жана даанышмандыгына ишенїї. Ал бардык нерсеге кїчї жетет. Бардык нерсеге[5]. Туура дуба жасоо – бул дегендик Пайгамбарыбыз Мухаммед (салляллаху алейхи уа саллям) кєрсєткєндєй тартипте дуба кылуу: 1. Башында: Аллахка мактоолорду айтуу, асмаа хуснаа (Аллахтын ысымдары, мисалы ар-Рахим Мээримдїї, аль-Кодиир Кудуреттїї) аркылуу кайрылуу, келменин сєздєрїн кайталоо. 2. Андан кийин Пайгамбарга (салляллаху алейхи уа саллям) салам салаваттарды жєнєтїї. Мисалы “Аллахумма солли ва саллим ъалаа набиййинаа Мухаммад” деп айтса болот. 3. Андан кийин истигфар айтуу (кїнєєнїн кечирилишин суроо), кылган ката кемчиликтерге тооба кылуу. Истигфар аркылуу кїнєє жуулат, жашообузга берекет кирет[6]. 4. Андан кийин єз каалообузду, єз тилегибизди суроо. Айтып жатканда єзїбїз уккандай кылып їн чыгарып айтсак жакшы. Дубага жїрєк, жан менен кирип, кєз алдыбызга тїстїї-тїстїї кылып элестетип, Аллах каалообузду аткаргандай, мына аткарчудай їмїт болуусу керек. Дуба учурунда їмїттї коркуу сезими коштосун. Жалгыз їмїт - амалкєйлїк, жалгыз коркуу - їмїтсїздїк. Экєє чогу болуусу керек. Аягында дуба дагы бир сыйра мактоо жана салават менен аяктайт. Дубаны тосуучу себептердин болбошу – дуба толук кабыл болуусу їчїн, ага тоскоол кылуучу нерселерден арылуу зарыл: • Чоў кїнєєлєрдєн алыс болуу. Єзгєчє Кудайга шерик кошуу[7]. • Арам кесип, арам тамак, арам кийимден таза болуу[8]. • Кїнєє иш же туугандык катнашты їзїїчї дубаларды кылбоо[9]. • Дубанын тез аткарылышын самап “Качан аткарылат эми” деп аны шаштырбоо[10]. • Їмїт їзбєє жана Жараткан тууралуу жаман кїмєндє болбоо.

ЖЫЙЫНТЫК СЄЗ Дагы бир айта кетчї кыстырма. Жогорто айтылган себептерди кылуу менен гана дуба жїз пайыз аткарылып калбайт. Албетте, Аллах биздин Эгебиз, бардык мїлктїн Ээси, ааламдардын Тарбиялоочусу. Биздин иш - болгон туура себептерди колдонуп, дуба кылып жалбаруу, ал эми анын жообу Аллахтын эркинде. Кай бир учурларда, бир нече ирээт дуба жасаган соў жооп болбогондуктан колубуз шалкайып, кєєнїбїз тайып їмїтїбїз їзїлєт. Бирок, биз эч качан унутпообуз керек – Аллах биздин Жаратуучубуз, жана Ал болгон жана боло турган тууралуу маалым. Ошондуктан бизге эмне пайда эмне зыян экенин Андан башка жакшыраак ким билсин? Ошондуктан биздин дубаларыбызга жооп болбосо эле “Аллах бизди укпайт, Аллах бизге кєнїл бурбайт, Ал бизге каары келип жатат” дегенден алыс болуубуз керек. Балким, Аллахка гана маалым болгон себептер менен, дубабыздын орундалбашы, бизге гана дїйнє-акыретте пайдадыр. Кандай болбосун дубаларыбыз эч качан бекер кетпейт, бул дїйнєдєн їзїрїн кєрбєсєк да Акыр Кыяматта дуба кылгандыгыбыз їчїн сооп табабыз. Себеби, дуба кылуу, Аллахка кайрылуу – чоў ибадаттыр. Аллаху аълам биссавааб!

№ 136 • 10-июль, 2015-жыл


14

ДЕН-СООЛУК

Накыл сєздєр

Æîîêåðëåð êàðìàøòà ýìåñ, êà÷êàíäà êºï êûðûëàò. Сельма ЛАГЕРЛЁФ.

Социалдык кыйынчылыктар, їй-бїлєлїк, биртуугандык талаш тартыштарды , коллективдик чыр чатакты жєнгє салат. Тибет медицинасынын ыкмасы менен Ян Инди аныктайт, тамыр аркылуу диагноз коюп, Кыргызстандык бийик тоолорунан жыйналган чєптєрдїн 200 тїрї менен дарылайт.

Æ¿çäºãºí êîé ÷îãóëóï, áèð êàðûøêûð÷à æîê. Иоганн ГЁТЕ.

Æ¿ç¿ êàðàëàðäûí è÷èíåí ÷å÷åíäåð äà ÷ûãàò.

• Карып бараткан беттеги бырыштарды жазат.

ДЕМОКРИТ.

Êåëåñîî æàìãûðäàí ñóóãà êèðèï æàøûíàò.

• Тери оорулары: писариаз, экзема, аллергия, буттагы грибок, чакалай, баштагы дермобайт безекти чернес.

Ромен РОЛЛАН.

• Бронха астма, ангина, кєк жєтєл, туберкулез, ларингит, гаймарит, радикулит, куяў, белдеги грыжа, ич катуу.

Êåëåñîîëîðãî Êóäàéäûí äà àëû æåòïåéò. Иоганн ШИЛЛЕР.

Êîììåðñàíòòûí Ìåêåíè - àíûí ÷ºíòºã¿.

Êîøîìàò÷ûëàðäàí êîðêêóëà, àëàð - ÷¿ìáºò òàðòûíãàí óóðóëàð.

Шарль ШЕНШОЛЬ.

Êîíñåðâàòîð - ýêè ñàíû ñîî, áèðîê, áàñà àëáàãàí àäàì. Франклин РУЗВЕЛЬТ.

Êîðêîê àäàì ýð æ¿ðºê àäàìãà êàðàãàíäà ÷ûðãà æàêûí. Томас ДЖЕФФЕРСОН.

Êîøîìàò æàñàé áèëãåí àäàì êàðàëàãàíäû äà áèëåò. НАПОЛЕОН I. Боору ачыган Айдана ушул жердей чыдабай: Єлтїрїшкєн турбайбы?! Кыйын болгон экен го?! - деп жиберди. Ошондой, - деди Арсен Саманчин аны коштой. - Анан ушунун баары, Айа, операнын сахнасында болуп жатат деп коёлу. Музыкасы кандай болуш керек, чыгармачылык кумар, кандай їн, мизансахна кандай кєрїнїшї зарыл, айтор, бїт бардыгын элестетип кєр. Анан, ооба, кылмергендин туугандары кызды таап, ошол жерден жазаламак болушуп, шашыла аттанышып, аны да кошо бастыр дегендей кылып жатканда ал мындай дейт: «Токтой тургула, баарьўар угуп койгула! Мындан ары мындай сєзїўєрдї мен укпайын! Тїшїндїўєрбї?! Анда эмесе мен эч жакка барбаймын. Эгер, бул менин башымды жутар каргыш болсо, мен да ага, ант бузар жїзї кара шермендеге, каргыш, иаалат айттым! Адам тукумунун бїт баарына каргыш тийсин! Ушинтип адам аталганча, жырткыч болуп жалгыз жашаган ар- тык. Бу жашоодо мындан ары мен бир да адамды кєрбєймїн жана да бир адам мага жолукпайт! Уктуўарбы?! Уксаўар ошол, бул жерден жоголгула, мени издеп убара болбогула!» Ушинтет да атынан ыргып тїшїп, артына кылчак карабай тоо аралап кетет. Мындай болорун кїтпєгєн туугандары дел болуп туруп надышат, анан эстерине кылмерген эми киргенсип анын артынан чаап жєнєшєт. Таппай калышат, азыр эле баскан, жер жуткансып изи жок. Ошол ошол болот, ошондон кийин аны кєрїп-билген жан болбойт. Ушул жерден театр сахнасы їчїн бир драмалуу кєрїнїш кошуу керек. Кылмергендин туугандары айылга жєнєй берерде аларга дайын-оту менен жоголгон колукту-кыздын їнї капылет жерден ал жандарында тургандай болуп угулат. Кєрсє, ал баш кошор кїйєєсїн кайдасыў деп чакырып, суй жыгыла издеп жїрїптїр. Ооба, кыз бирєє менен эч жакка качып кетпегенин, бул иш бирєєлєрдїн карєзгєйлїгї менен жаманатты кылган ушагы экенин ошондо эч ким билбейт. Ким билмек, уюшкан арам ойдогулар ошол тїнї кызды жан адамга билгизбей уурдап кетишет да,

№ 136 • 10-июль, 2015-жыл

Уильям ПЕНН.

Êºç¿ òóðóï êºðº áèëáåãåí àäàì äààíà ñîêóð. Джонатан СВИФТ.

ʺï ñ¿é¿íãºí ïåíäåëåð ìàêîî áîëóï òûíûøàò. Оноре де БАЛЬЗАК.

Êóëààëûíûí óÿñûíàí øóìêàðäû ê¿òïº. Вальтер СКОТТ.

• Кыз келиндер оорусу: эрозия, мастапатия, истит, миома, фиброма, менструалдык бузулуулар, климакс, лейкопенения, зарасын кармай албагандар. • Прастатит аденома, энурез, геморой, релатизм, колтуктагы колоўсо, буттагы шыбоо, коўурук ж.б. • Гепатит А, Б, С. давление тїшїрєт, кант диабети. • Бєйрєктєгї, табарсыктагы сезгенїїлєр ж.б. у.с. • Нерв илдеттери: эпилепсия, стресс, коркоктук, шизофрения, тырышуу, арак ичкендер, тамеки тарткандар, наркомания. • Шишик (опухоль), рак, эмчектеги метостаза клеткаларынын єсїшїн токтотот.

ЧЫЎГЫЗ АЙТМАТОВ (Сандан санга)

Тоолор кулаганда (КЫЗКАЙЫП)

Роман

колу-бутун байлап, атка таўып алыс алып барышат. Баягы кыз куумайга мара болгон дайрага жетишет, ошондо анын колу-бутун чечишип, эки жигит эки колунан кармап, кечмеликтен алып єтмєк болушат. Кудай да куурап турганбы ушул жерден кызды сактап калат, кандай болду ким билсин ал тигилердин колунан суурулуп чыгат да ат їстїнєн дайрага боюн таштап жиберет. Беркилер артына чуркап жетпей калышат, кыз кїрпїлдєп аккан дайрага тїшкєн бойдон кєрїнбєй калат. Карєзгєйлєр кармап калабыз дешип агын суу бойлой барышат, сууга тїшкєндєрїн ок дайра оп тарта ташка чапкылап, ай-буйга келтирбей агызып кетет. Кубан гандан Кудайы кызды колдоп, суудан аман чыгарат, керемет сыйкыр кїч берип, аны куш кылып бийик учуруп, баягыл кылмерген менен анын туугандары жолугуп, азыр эле ажырашкан жерге алып келет. Кыздын їнїн угушар замат алар аны токтотуп, кандай иш болгонун

сурап билели дешет, а бирок ал кєзгє кєрїнбєйт, їнї бар да, єзї жок. Анан ал да ка йыптай кайым болот. Ошол кїндєн ушул кун ал Кызкайып аталып, купуя сырь ачкычы жок кулп болуп калат. Ошол кїндєн ушул кїн Кызкайыптын бойбоздоп кошкон кошогу ошол улуу тоолордон жаўырып турат. Айа, мен сага ошол кошокту колумдан келишинче кошуп берейинчи. Тос арасынан, алыстан-алыстан, капылет жерден угулуп жаткандай элестет. Анда эмесе угуп тур, ал кошок мына момундай: Кайдасыў сен, кайдасын сен, жан биргем, Кайып болуп кас колунан качтым да, Кыз боюнча калдым таза мен сага. Кайдасыў сен, кайдасыў сен, жан биргем, Аруу бойдон сендик болуп калдым мен. Ушак угуп шерттен шерим тандыўбы? Кайдасын сен, кїкїк кылып какшатып, Кыз башыма кїйїт тагдыр салдыўбы,

• Ички органдагы, денедеги курттарды тїшїрєт. Аскарида, ламбилёз, тумхоланда, кене, демодекс, токсокара, дизбактериоз, митоз ж.б. • Толуп кеткендерди арыктатып жел кабызды чыгарат. • Оорулардын шыпаасын касиеттїї чєптєрдєн тапса болот. Сакайбаган оору жок. Ар кимдин ден соолугу єзїнїн колунда! Ахунбаева кєчєсї №90 (Онкологиялык больницанын жанында, болжол менен Абдрахманв кєчєсї менен кесилишкен жерде). Тел: 0772850673 А мен сенин кайындалган колуктуў, Куугун келет, кууратпасын, жолуккуў. Ант алышкан дайра турат, кайдасыў, Жетким келет, кайсыл тозок жайдасыў? Антыбызга дайра кїбє, Жараткан, Тагдырымды тагдырыўа байласын. Жаным сендик, жаным сен дик, кылмерген, Дїйнє кезип издеп таппай келем мен. Анан кайда кайып болуп кеттин, сен? Сени тагдыр койдубу же таш кылып, Мени тагдыр тїгєйї жок баш кылып, Кай жердесиў акыреттик жан биргем, Тагдырыўды тагдырым деп мен келем. Эсиўдеби, ай алдында ант берген, Жаным сендик, жаным сен дик, кылмерген. Тоолор такыр єбїшпєйбї бир бирин? Туман тарап, кєрїшпєйбї бир бирин? Капчыгайга тїн жарыгы тийбейби? Кайберендер сенин дайныў билбейби? Кайдасын сен, кайдасыў сен, мен сїйгєн, Кай жердесиў акыреттик жан биргем. Кыз куумайда ак сїйїїнїн кызыгын, Биз єбїшїп татканыбыз жок беле? Махабатка батканыбыз жок беле? Кудай бизге бакыт берген ошондо, Эл жабыла бата берген ошондо. Кайдасын сен, кайдасыў сен, мен сїйгєн, Кай жердесиў акыреттик жан биргем. Сенсиз мага айдын нуру тєгїлбєйт, Сенсиз менин ємїр-кїчїм кєрїнбєйт. Экєєбїзсїз асман болбойт бактылуу, Ким какшатып койду каргыш аркылуу. Экєєбїзсїз тоолор болбойт бактылуу, Ким какшатып койду каргыш аркылуу. Кудайга деп курмандык жасаганыў жок беле, Кайын журтка барс тери тартуулаган жок белен? Сен кандайча жакпай калдыў тагдырга, Атантайдай март элеў го жалпыга. От боюнда шапар тепсек болбойбу? Кайдасыў сен, кайдасыў сен, мен сїйгєн, Кай жердесиў акыреттик жан биргем. Куугун келет кууратпасын, жолуккун, А мен сенин акыреттик колуктуў. Кайдасыў сен, кайдасыў сен, жан биргем?.. Єх, Айа, демим жетпей калды окшойт, - деди Арсен Саманчин. — Таў калба, мен бир кетсем барбы, ушинтип эч токтобойм, кете эле берем. Демимди бир аз басайын да, кайрадан улап баштайын.


СКАНВОРД

15

№ 136 • 10-июль, 2015-жыл


16

СУЛУУЛУК

“Жаратылыштан алган сулуулук єчпєстїккє жеткирет”

-Саламатсызбы Жанара айым? -Саламатчылык -Сиздин бал татыган балалык сезимиўиз кайда жана кандай єттї? -Менин алтындай болгон бала чагым 6 жашыма чейин Токтогул шаарчасында єткєн. Андан соў биз берекелїї Бишкек шаарына келгенбиз. Чынын айтсам, менин балалыгым абдан кооз, єзїнчє жомоктогудай эстен кеткис болуп жакшы єткєн. Себеби, ал убакытта менде, балалык сезимимде бир дагы ой санаа, капалануу деген сезимдер мага тааныш эмес эле. Мындай сезимдер бир гана менде эмес башка балдар да болсо керек. Азыркы учурда жаш

балдарда санаа тартуу, капалануу деген сезим тааныш болуп калды. Мына ошол балдарда да жомоктогудай жаштык, балалык сезимдер болсо деп тилейм.

-Азыркы сиз сїйїп иштеп жаткан жумушуўузга кандай болуп кызыгып калдыўыз жана бул жумуш менен алектенгенге ким тїрткї болду? -Негизинен мен мурда эле кызыгуум бар болчу. Мен офис жумушунда иштеп жїргєндє эле мени менен чогуу иштеген кыздардын кийген кийимдерин, чачтарынын жасалгасын кєрїп алып аларга кеўеш бере берчїмїн. Ал эми бул жумушту аркалашыма эч ким тїрткї болгон жок, бир гана менин кызыгуум тїрткї болду окшойт. Бир убакта салон тармагында иштесем кандай болот болду экен деп, ого бетер кызыгуум артып отуруп, келип калдым. Єзїмдїн кызыгуумду ишке ашырып, єзїмдї сынап кєрєйїн деген эле кызыгуудан келип калдым.

-Сизге бул дїйнєдє эў жакын адамдарыўыз болгон ата-энеўиз жана бир туугандарыўыз жєнїндє кеп кыла кетсеўиз? - Оба, сиз айткандай бул дїйнєдє ар бир адамга кыйынчылыкта калкан, кубанычта сезимиўди теў бєлїшє турганыў, бул сенин ата-энеў жана бир туугандарыў болуп саналат экен. Менин бир муштум аталган жїрєгїмдє єзгєчє орунга ээ болгон, кїндїзї кїнїм болгон атам бизнесмен, ал эми тїнкїсї айым болгон энекем жєнєкєй эле кызматкер. Асмандагы булутум, жердеги кєк шиберим болгон 4 бир тууганым бар. Їй-бїлєдє 5 кыз, бир эркек. Мен болсо ортончусу болом. -Мектептен канат кагып, кайсы окуу жайдын уясына келип кондунуз? -Окуучулук кїн негизинен балалыгыўды єзгєчє бир кєрккє боегон сыя сыяктуу десем жаўылышпасам керек. Менин жашоомдо, анын ичинен бєлїп айта турган болсом, балалыгымдын кєрктїї кїндєрїнїн бири болгон окуучулук кїнїм Бишкек шаарынын № 64 мектпепте 6 классыма чейин,андан кийин калган унутулгус окуучулук кїндєрїм № 69 мектепте уланып ошол мектепте аяктады.

-Айымдарга сулуулук боюнча кандай кеўеш берет элеўиз? - Негизи мен айымдарга айтаарым канчалык аял заты жаратылышка жакын болуп, аны менен канчалык таттуу мамиледе болсок, биз ошончолук табигый сулуулукка жете алабыз. Канчалык биздеги табигый сулуулук ойгонгон сайын биз ички сулуулукка жетебиз. Анан барып бир аз сулуулук салонго барып єзїбїздї карап койсок жакшы болот эле. Муну менен мен эмнени айткым келип жатат, эў биринчи ички сулуулук андан кийин тышкы сулулуук -Рахмат, сизге Жанара айым, бизге кызыктуу маек куруп бергениўизге. Алдыда койгон максаттарыўыз ишке ашып, єзїўїздїн жаркын келечегиўизди куруп, ошонун негизинде мекенибизге єзїўїздїн салымыўызды кошуп жїрє бериўиздер -Сиздерге да рахмат “Айбат” газетасы, иштериўиз албан-албан ийгилктер коштоп жїрє берсин Рахатбек Рысалиев

-Иштеп жаткан жумушуўуздун оорчулугу жана жеўили? -Бул жумушка офисте иштегенден чарчап, бир чыгармачыл жаатында иштесем деген максатта келгем. Мен бул жумуштан чарчабайм, баягы кєп кардар болгондо бутуўа тик туруп иш кылганыў эле болбосо, кєп чарчабайм. “Билгенимден билелегим кєп” дегендей кечээ жакында Москва шаарына барып Гоар Аветисяндын сертификатын алып келдим... Аны алгандан кийин кызыгуум кайрадан кїчєп чарчаганды билбей калдым. Негизинен сїйїп иштеген жумушуўдун оорчулугу жок, тескеринен жеўил болуп, эс аласыў. -Жигиттердин кайсы сапаттарын жактырасыз? -Мен їчїн “жигитке жетимиш єнєр артык” дегендей, кыргызымдын жигиттерин кєп єнєрлїї болуп турса, алар ошончолук жогору кєрїнїп турушат. Ал эми илгертеден сєз бар эмеспи “Кай жерден куда сєєк кїтсє да, кимдин уулу экен же кызы экен, ата теги ким экен” деген суроолор бекеринен болбосо керек. Мен їчїн менин мырзам тектїї жердин уулу болсо, мага ошол жетиштїї.

№ 136 • 10-июль, 2015-жыл

-Достук деген сиздин тїшїнїгїўїздє, достуктун чыккынчылыгына туш болдуўуз беле жана болсоўуз ошол учурдагы сиздин сезимдериўиз? -Эми “Достук” деген сєздїн єзї абдан ыйык. Дос дегендин маанси да, тїрї да кєп. Кадырлаш дос, жан дос, бєтєлкє дос дегендей.... жеке мен єзїмдїн досторума келсем, менин курбум кєп деле эмес, анткени убагында достукка чынында абдан кїйгєм. “Сїткє оозу кїйгєн, айранды їйлєп ичет” дегендей болуп калгам.


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.