Айбат - коомдук-саясий гезити №131

Page 1

“Билимдїїгє дїйнє жарык” Акыйкатчы эмнеге качат? Хиджаб кийиш керекпи, же мектеп формасынбы? Россия ТИМи: Москва сапаттуу деўгээлге чыккан Кыргызстан менен мамилени баалайт


2

АЙБАТ ПРЕСС

АКЫЙКАТЧЫ ЭМНЕГЕ КАЧАТ?

Парламенттин 4-июндагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков Омбудсмен Бакыт Аманбаев бешинчи жолу єз отчётун берїїдєн качып жатканын айтып капа болуп алды. А.Жээнбеков белгилегендей, ал буга чейин бир нече жолу аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берїїдєн качып, аны улам-улам артка жылдырып

келет. “Ал 5-жолу качып отурат. Бул маселени апрель айында эле карайт болчубуз. Бирок, качкан менен пайда жок. Биз сентябрь айында да иштейбиз”, - деди Тєрага. Ошондой эле А.Жээнбеков Акыйкатчынын Женевага болгон 19 кїндїк сапарын сынга алды. “Мен мындай даражадагы аткаминердин 19 кїндїк сапарга чыкканын биринчи жолу кєрїп жатам. Укуктары бузулган жарандарды ким коргойт?”, - дейт спикер. Чын да, Аманбаевдин бир калбыры болбосо парламентке отчёт берїїдєн качмак эмес. Канчалаган адамдар укуктары бузулуп Акыйкатчынын эшигин сагалап жїрсє бул болсо Женевада 19 кїн тайраўдап жїрєт. Уяты жок неме деген туура эле окшойт.

МУКАНБЕТОВДОН КЇЇ ЧАЛМАЙ: “АТА МЕКЕН” +”УЛУТТАР БИРИМДИГИ”=? «Карышкыр» деген каймана атты єзїнє-єзї ыйгарып алганы менен атына заты жарашпаган Сабыр Муканбетов аттуу серепчи бар. Серепчи деген эле аты болбосо затын деги байкай албадык. Мына ушул эрен эркин басылмалардын бирине курган маегинде «Улуттар Биримдиги» партиясы менен анын лидери Мелис Мырзакматовду кыйытып жактап дагы, мактап дагы, боор толгоп дагы єтїптїр. Анын айткан логикасына таянсак, аталган партия азыркы бийликке оппонент боло алат экен. Ошондой эле Мелисбек Жоошбаевичке кысым кєрсєтїлїп атканын кыйытыптыр. Кызыгы бул «аксакалдын» мурда «Улуттар Биримдигин» мактаганын деги эле укчу эмес элек. Жата калып, тура калып деле «Ата-Мекен» партиясын мактап басып жїрчї. Эми минтип тїшїнєн чоочугансып «Улуттар Биримдигине» адвокаттык кыла калганы буга чейин айтылып келген имиш кептерди ачыктап

аткан сыяктанат. Ал желип-жорткон кеп «Ата-Мекен» менен «Улуттар биримдиги» партияларынын биригїї мїмкїндїгї эле. Кыязы мына ушундай аракеттин башталганын тактикасы кїчтїї Текебаев Муканбетовдун оозу аркылуу кїїгє салдырып атыры окшойт. Айла болбосон кое кал!

ЄЗГЄНЇН КАЙГЫСЫНЫН ЇСТЇНЄ ЄЗ БАКТЫСЫН КУРГУСУ КЕЛГЕН КЕЎЕШ МЫРЗАКМАТОВ Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов инисинен жеке кызыкчылыгын канааттандыруу жагынан кем калышпаган агасы Кеўеш Мырзакматовдун былыктарынын арты їзїлчїдєй эмес. Эске сала кетсек, ал 2010-жылдагы Ош коогалаўында жабыр тарткандарга арналып салынган жаўы кєп кабаттуу їйлєрдєн батир алып берем деген убаданы катыра берип, ондогон адамдардан орточо эсеп менен 5-6 миў доллардан жыйнап алганы буга чейин айтылган. Мындан эки апта мурун жабырлануучулардын саны 19га жеткен болсо, азыркы тапта 32ге

жеткенин Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Бул сан дагы єсїп кетиши толук мїмкїн. Мындан улам суроо туулат – Кеўеш мырза жалпы мамлекеттин, элдин башына тїшїп турган кайгы-муўдан пайдаланып чириген бай болуп алгысы келген беле? «Бирєєнїн кайгысынын їстїнє єз бактыўды эч качан кура албайсыў» деп кайсы бир акын жазган эле. Анын чындыгы эми далилденип атыры. Маўдай тер, таза мээнет менен табылбаса, байлыгыў бир кїнї єз башыўа муш болот деген ушул эмеспи?..

О.Понкратов: “ИШКЕРЛЕРИБИЗДИ КОЛДОО ЇЧЇН САЛЫКТАРДЫ АЗАЙТЫШЫБЫЗ МЇМКЇН” “Кыргызстандыктарды ар убакта демпинг жана бааларды жогорулатуу менен коркутушат”- деп билдирди журналисттерге Экономка министри Олег Понкратов. “Биздин єлкєнїн экономикасы ачык. Ошондой эле Кыргызстан азырынча ЕАЭСтин мїчєсї эмес. Ошол эле учурда Кыргызстан кєп жылдар бою ачык экономикалык режимде жашады. Россиянын, Казакстандын, Белоруссиянын товарларына жол ачык эле болуп келген. Эми болсо Кыргызстан эркин зонага кирет. Ошентсе да техникалык талаптарды аткарбаган ишканалар їчїн кырдаал эч кандай єзгєрбєйт. Биз уюмдун баардык эрежелерин так сактаганыбыз оў. Ошондо

ТОКТАЙЫМ ЇМЄТАЛЕВА ТОП ЖАРЫП АТАБЫ? Кечээ борбор шаарыбыздагы маалымат агенттиктеринин биринде укук коргоочу Токтайым Їмєталиева маалымыт жыйынын берди. Анда ал сєз сїйлєп жатып Конституцияны єзгєртпєє зарыл, анткени 2020-жылга чейин єзгєртїїгє болбойт, так жазылып бекиген деп белгилеп єттї. Ошондой эле єздєрї жайган торго єздєрї илинмей болду деп кыйытып єттї. Ооба Конституцияда так ошондой бекиген. Бирок єлкєнїн кызыкчылыгы їчїн, элдин коопсуздугу їчїн эгерде єзгєртїї зарылчылыгы болсо, референдум жолу менен єзгєртсє боло тургандыгы эске алынганын билип алса жакшы болмок. Негизинен шайлоонун шайтан оюндары эмитен эле чїкєсїн калчап баштады кєрїнєт. Айтор бїт эле бирин-бири туура эмес деген эле кишилер. Жада калса маалыматты орусча беришип, кайра минтип айтып жатышат. Мурдагы закон эки тилде жазылган анан котормосунан ката кетирди дешип єз кызыкчылыгы їчїн орусчасын туура кылышты дейт. Тообо! Чындап эле ошондой болсо єзїўїз неге биринчи орусча

Гезит ээси:

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл

маалымат бересиз. Сиз баарынын укугун коргоодон мурда тилдин дагы укугун коргоўуз. Сєздїн кыскасы баардыгыбыз єз кызыкчылыгыбызды ойлоодон мурда башкалардын да кызыкчылыгын ойлонолу. Анан дагы кошумчалай кетїїчї нерсе, бїгїнкї кїндє Конституцияны єзгєртїї зарылчылыгы туулуп атканын айтпай кетпесек болбос. Себеби 2010-жылы єлкє башында кара булут айланып турган оор учур эле. Андыктан Конституция єтє шашылыш кабыл алынып, анча-мынча мїчїлїштїктєр кетип калган. Мына ошолорду оўдоп-тїзєп коюу ашыктык кылбаса керек.

КЫРГЫЗ-ОРУС ЄНЇКТЇРЇЇ ФОНДУ ТУУРАЛУУ ДОКУМЕНТ РАТИФИКАЦИЯЛАДЫ Орусиянын Федералдык кеўеши Кыргыз-орус єнїктїрїї фонду боюнча єкмєт аралык макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу маалыматты 3-июнда Орусиянын “Парламентская газета” басылмасы басты. Аталган документке 2014-жылдын 24-ноябрында Бишкекте кол коюлуп, быйыл март айында орус єкмєтї аны жактырган. Бул документте фонддун уставы, негизги принциптер жана фонддун иштєє

Коммерциялык директор: Бектур БАЙМОЎОЛОВ Тел. (0772) 16 11 00

Веб-сайт: www.AIBAT.kg

Редакциялык жамаат:

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: aybatkg@mail.ru

Акинай АЙДАРОВА Рахатбек РЫСАЛИЕВ Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА Дамир ЭСЕНГУЛОВ Мирбек АСАНАЛИЕВ Мирбек МАМБЕТОВ

гана єз товарларыбызды тынымсыз экспорттой алабыз”, - дейт ал. Ошондой эле Пократов ЕАЭБге кирген мамлекеттерде айырм товарлар Кыргызстанга караганда арзан экенин айтып, бизге мунун пайдасы тиерин билдирди. «ЕАЭСтин курамындагы мамлекеттердин кээ бир товарлары бизге караганда арзаныраак. Мисалы, керектєєчїлєр жумуртканын 10 даанасын 45 сомдон сатып алса жаман эмес да. Биз жеке бизнестин єнїгїшї менен жумушчу орундардын кєбєйїшїн кїтїп жатабыз. Ошондуктан ата мекендик єндїрїїчїлєрдї колдоонун кошумча жолдорун карап жатабыз. Мисалы, салыктарды азайтышыбыз мїмкїн”, - дейт ал.

Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

тартиптери камтылган. Фонддун уставдык капиталы 500 млн. долларды тїзєт. Анын алгачкы 100 миллион долларын Орусия єткєн жылы которгон. Улуттук банктын планы боюнча быйыл 250 млн. доллар кєлємїндє экинчи транштын келери кїтїлїїдє. Ал эми кийинки жылы калган 150 млн. берилет деп пландалган.

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №1447

Нускасы: 2500


3

САЙ-САТ

КЫРГЫЗСТАНГА ЧАГЫМ САЛГЫСЫ КЕЛГЕН М.ЖЕМИЛЕВДИ КУЧАКТАП СЇРЄТКЄ ТЇШКЄН Р.ЖЭЭНБЕКОВ Крым татарларынын Межлисинин мурдагы тєрагасы Мустафа Жемилев жана анын кеўешчиси Рустем Умеровдун 2-июнда эл аралык «Манас» аэропортунан жарым саатка кармалып турушу айрым оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын чырагына май тамызды. М.Жемилев бул окуяны єтє кєркємдєгєн билдирїїсїн таратты. Буга карата Тышкы иштер министрлиги Украинага атайын нота жиберип, ага карата чара колдонуу талабын койду. Ошол эле маалда БОКтун мурдагы тєрагасы Равшан Жээнбеков Жемилев менен кучакташып сїрєткє тїшїп, єзїнїн мамлекети їчїн кїйбєй тургандыгын дагы бир жолу ырастады. Тышкы иштер министрлигинин расмий єкїлї Нурлан Сїйєркуловдун «Азаттык» радиосуна курган маегине караганда, Кыргызстандын эгемендигине шек

келтирїїгє эч кимдин акысы жоктугу айтылган. «Нотада Кыргызстандын эгемендигине шек келтирїїгє эч кимдин акысы жок экени айтылган. Достук мамиледеги бир єлкєнїн мамлекеттик ишмери, парламентинин мїчєсї башка єлкєнїн эгемендигине баа бериши эл аралык дипломатиянын эрежелерине туура келбейт. Ошондуктан єз позициябызды билдирїїнї чечтик» дейт ал. Ал эми Жогорку Кеўештин Эл аралык иштер комитетинин тєрагасы Каныбек Иманалиевдин билдиришинче, бул окуяны саясатташтыруунун кажети жок. Анын айтымында, бул жерде техникалык жагдайлар тїшїнбєстїккє алып келген. «Бул жерде эч кандай саясий буйрук болгон эмес. Ички иштер министрлиги деле кандайдыр бир так эместиктин айынан ал аэропортто 30 мїнєт кармалып кал-

ªì¿ðáåê ÒÅÊÅÁÀÅÂ, ÆÊ äåïóòàòû, “Àòà ìåêåí” ôðàêöèÿñûíûí ëèäåðè:

“ИСХАК ПИРМАТОВ ЭРКЕК БОЛСО МАНДАТЫН ТАПШЫРЫП КЕТСИН!”

Парламенттин кечээги отурумунда “ата мекенчи” Ємїрбек Текебаев эзелки “абысыны” Исхак Пирматовду депутаттык мандатын тапшыруу сунушун айтты. Биз тємєндє Текебаевдин айтканын толук келтиребиз: - Урматтуу депутаттар, 93-жылы ушул залда Силаев, Биринчи май айылынын акими, Табалдиев, Физприбордун генералдык директору, биз мандатыбызды тапшырдык деп сєз сїйлєп, стенограммага тїшїп калып, алардын мандатын ушул залда биз алып койгонбуз. Стенограммага тїшкєн сєз – бул документ. 2011-жылы мына ушул трибунадан Исхак Пирматов чыгып, менин иниме, мага каршы жалаа жапкан сєздєрдї сїйлєп, менин сєзїм жалган болсо, мен мандатымды тапшырам, мен жигитмин деп айтты эле. 4 жыл мурун сотко бергем, сотто ары качып, бери качып жїрїп былтыр сентябрда анын айткан сєздєрї жалган деген соттун чечими чыгарды. Шаардык сотко кайрылды. Жо-

горку сотко кайрылды. Ошентип бул эпопея быйыл бїттї. Сот айтканынын баары жалган, “Фабула” деген гезитке 55 миў тираж менен сєзїн жокко чыгарып, кечирим сурасын деген чечим чыгарды. Эми башка кеп. Мен бул боюнча сот аткаруучуга кайрылып, Исхак Пирматовду зордоп, кїч колдонуу жолу менен 55 миў “Фабулага” заказ бердиртебиз. Кеп башкада. Ал мына ушул трибунадан, мен мандатымды тапшырам деген. Мен стенограмма менен соттун кїчїнє кирген чечимин тєрагага берип койсом дейм. Борбордук шайлоо комитетине жєнєтсє, алар Пирматовдун єз каалоосу менен мандатын тапшырды деп стенограммадагы сєзїн эске алып, ошондой чечим чыгарыш керек деп эсептейм. Эгерде Исхак Пирматов жигитмин деп, жаўы келгенде ушул жерден ант берип, айткан жайы бар экен. Жигит болсо Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин кїтпєстєн мандатын таштап кетсин. Анын ким экенин, кандай иш кылгандыгын Генералдык прокуратура далилдеди. Жан соога деп ар бир депутатка келип, мени салып бербегиле деп жїрїп кутулуп калды. 5 жыл дем алыш, 5 жылга кутулду иммунитет. Бирок мандат бїтєт, мандат бїткєндєн кийин абийир алдында, эл алдында, сот алдында жооп бериш керек. Чындыкты эч убакта жашыра албайсыў.

ХИДЖАБ КИЙИШ КЕРЕКПИ, ЖЕ МЕКТЕП ФОРМАСЫНБЫ? Акыркы жылдарда Кыргызстанда дагы мектеп жашындагы кыздарын хиджаб кийїїгє мажбурлаган ата-энелер кєбєйдї. Биз светтик єлкє болгондон кийин мектеп окуучулары кадимкидей эле мектеп формасы менен жїрїшї керек эле. Тилекке каршы диний багыттагы айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер кыздардын хиджаб кийїїсїн колдоого алып келишет. Маселен, кече жакында эле «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу хиджаб кийген студенттерге тийишпегилечи дегендей кылган. Мына ушул багытта дагы бир эл єкїлї Эркингїл Иманкожоева мындай пикирин

билдирди: «Кече жакында президент Алмазбек Атамбаев «биздин аялдар эч качан хиджаб кийген эмес, кїйєєсї бар аялдар жоолук салынган» деп билдирген. Мен президент менен макулмун, биздин чоў апалар хиджаб кийген эмес. Эмнеге бїгїнкї кїндє бул тема єтє катуу кїчєп келет. Мектепте кыздар хиджаб кийиши керекпи, же жокпу деген суроо кєтєрїлїїдє. 2-класста окуган окуучу кыз ишеним тууралуу бир нерсени тїшїнєбї? Сиздер жєн гана кыздарды хиджаб кийїїгє мажбурлап кыйнап атасыздар. Алар жєн гана нормалдуу мектеп формасын кийишсин» деди ал.

ганын тїшїндїрдї. Їч саат эмес. Бирок аны саясатташтырып, Москванын буйругу менен кармалды дегенге эч кандай негиз жок. Жемилев мырза Европа парламенттик ассамблеясынын мїчєсї катары Жогорку Кеўештин вице-спикеринин чакыруусу менен келген. Анын єзїбїз чакырып алып, єзїбїз кармамак белек?» деп баса белгилейт К.Иманалиев. Мына ушундай Кыргызстандын эгемендигине шек келтирген, чуу салган Мустафа Жемилевди Равшан Жээнбеков атайын коноктоп, аны менен кыналыша тїшкєн сїрєтїн «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялап, єзїн єзї жарнамалаганына кїйбєгєн жериў кїл болот да. БОКту жетектеген кезинде кошуна єлкєлєрдїн башчыларына кайрылып бир тилинен жаўылган Равшан Бабырбекович «атын чыкпаса жер єрттє» сыўарындай, эптеп

эле бийликке келиш їчїн Жемилев сындуу биздин єлкєнї, элибизди маскаралаган адамдар менен достошуудан дагы кайра кайтпай калгандан сообу деги?

КЫРГЫЗСТАН ЕАЭБге МЇЧЄ БОЛСО ДА БАШКА МАМЛЕКЕТТЕР МЕНЕН СООДА АЛАКАСЫН ЄНЇКТЇРЄ БЕРЕТ Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) боюнча келишимде башка мамлекеттер менен болгон алака боюнча документ 2014-жылдын 29-майында кабыл алынган. Анда уюмга мїчє мамлекеттер їчїнчї єлкє менен да алакасын бекемдей ала турганы камтылган. Бул тууралуу ЕАЭБдин Эл аралык байланыш департаментинин орун басары, Кыргызстанды уюмга кошуу боюнча жумушчу топтун жооптуу катчысы Федор Черницын “Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу: Тоскоолдуктар жана келечек” аттуу тегерек столдо билдирди. Ал белгилегендей, 2015-жылдын 2-январында Армения уюмга толук кандуу мїчє болгон жана бул иштер 8-майда аяктаган. “Биримдик экономикалык гана масе-

лелер менен алектенип, саясаттан алыс. Уюмга кирген бардык мамлекеттер чечимдерди макулдашуу менен ишке ашырат. Кыргызстан андан эмне кїтсє болот? Биздин ишенимибизде Кыргызстандын тышкы соода байланышы Казакстан, Белорусия, Орусия менен артат. Бул кєрсєткїч эки эсеге артышы ыктымал. Андан сырткары, биримдикке кирген мамлекеттер менен алака жакшырып, биргелешкен ишканалар кєбєйєт. Биринчи кезекте бул союз жабык уюм эмес. Кыргызстан уюмга мїчє болуп туруп деле башка мамлекеттер менен соодо-алакасын кеўейте алат. Биз биргелекте мындай иштерди жасасак да болот. Кыскасы ЕАЭБдин кызыкчылыгы ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыгына тєп келет”, - дейт ал.

ПАРЛАМЕНТ ДА “ВЕЧЕРКАГА” “КОЙ” ДЕДИ Парламенттин Адам укугу, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик тїзїлїш комитети «Вечерний Бишкек» гезитинин кызматкерлеринин кайрылуусун кароону артка жылдырды. Чындыгында, аталган гезиттин маселеси да Жогорку Кеўештин бир топ эле убактын алчудай. Депутаттар да эс алууга тарап жатканда бир басылманын чарбалык иши менен убакытты кетирбейли деди окшойт. Биздин маалыматыбыз боюнча «Вечерний Бишкектин» эмгек жамаатынын кайрылуусунда 2006-жылдын 13-мартында Свердлов райондук соту жана ошол эле жылдын 29-майында Бишкек шаардык соту 2000-жылдын 26-апрелинде «Рубикон» ЖЧКсы менен Рябушкин жана «Петровски корп.» мїлктєрдї сатуу-сатып алуу боюнча келишим тїзгєнїн кїчїндє деген чечим чыгарган деп айтылат. Ошондой эле депутаттарга кайрылган билдирїїдє бири-бирине карама-каршы келген эки соттук акт бар экендиги,

анын кайсынысын аткаруу керектигин аныктап берїї талабы коюлган экен. Андан сырткары «Вечерний Бишкектин» жамааты Бакиевдер бийликте турганда Рябушкинге тиешелїї 50 пайыздык їлїш Александр Кимге соттун чечими менен єткєнїн баяндаган. Алар учурдагы соттордун чечимине каршы экенин айтууда. Бирок, сот органынын ишине парламент кийлигише албай турганы мыйзамда жазылып турат. Закондорду жакшы билген басылманын кожоюндары єз кызматкерлеринин артына туруп алып ушундай кадамдарды жасап жатканы ийгилик алып келбесе керек. Кантсе да, Жогорку Кеўеш да “кой” деди окшойт. Алар караганда эмне. Же парламент сот болсо бир жєн. Мїмкїн А.Ким парламентте отурган айрым эски бийликтин тарапташтарынан жардам кїтїп жаткандыр. Бирок, алар деле мыйзамды буза албайт да азыркы заманда. Дамир ЭСЕНГУЛОВ

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл


4

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕ

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ: ОН ЧАКЫРЫМ ТИЛКЕ ТАКТАЛАТ

Кыргыз єкмєтї Тажикстан менен Кыргызстандын талаштуу жерлери саналган аймактардын он чакырымын тактоо боюнча документтер даярдалганын билдирїїдє. Єкмєттїн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын єкїлї

Курбанбай Искандаровдун Би-Би-Сиге билдиришинче, даярдалган документтер жакынкы кїндєрї Тажикстандын єкмєтїнє сунушталмакчы: "Кыргызстандын эксперттик тобу Тажикстан менен талаштуу аймактардын он чакырымын тактоо боюнча долбоор даярдады. Булак агып єткєн, адамдын жетїїсї кыйын болгон райондогу бир гана участоктун айланасында талкуу болгон. Бирок маселе чечилди. Бул аймак бир чакырымды тїзєт". Искандаров кошумчалагандай, Єзбекстан менен болгон чек араларды тактоо боюнча дагы жылыштар жакында байкалат. Кыргызстан менен Єзбекстан, Тажикстан ортосундагы чек ара тилкелери СССР

ыдыраган соўку жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери такталбай келет. Коўшу єлкєлєр маселени чечїї їчїн бир нече ирет жогорку деўгээлдеги сїйлєшїїлєрдї дагы жїргїзїп, бирок жылыштар байкалган эмес. Анын ордуна Єзбек тарап чек ара коопсуздугун кїчєтїп, кєптєгєн аймактарга бир жактуу аўдарды казып жана тосмолорду орнотуп алган. Чек араларды тактоодо Тажикстан жана Єзбекстан 1924-27-жылдардагы улуттук-аймактык бєлїштїрїї маалындагы документтерге таянып, кыргыз тарап 1955-жылдагы паритеттик комиссиянын материалдарына жана 1961-жылы чыккан жарлыктын негизинде иш алып барып жатканын айтып келатат.

МОСКВА САПАТТУУ ДЕЎГЭЭЛГЕ ЧЫККАН КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН МАМИЛЕНИ БААЛАЙТ

тарын унутууга жол бербєє, тарыхты кєчїрїп жазуу РФнын жана КРНнын кєз алдында болоруна Москва ишенерин билдирди. Єз кезегинде Кыргызстандын ТИМ башчысы бул жылы ШКУга Россиянын

тєрагалык кылуусу “єтє позитивдїї” болгондугун, “ШКУнун кїн тартибине коюлган кєптєгєн суроолор конкреттїї караанга ээ болгондугун, анын негизинде жакынкы убактарда чечим чыгаарын” белгиледи. Россия-кыргыз мамилеси тууралуу ал Кыргыз Республикасы учурдагы деўгээлди баалай тургандыгын билдирди. “Биз даярбыз жана биргелешкен иштерди жасоону улантабыз. Анын ичинде биздин улуу муун їчїн єтє аярлуу болгон маселе боюнча дагы. Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеўиш – бул биргелешкен жеўиш. Аны унутууга эч ким акысы жок жана эч ким кєчїрїп жазууга укугу жок”, - деди министр.

Ариана ЧОЛПОНКАДЫРОВА, «АВЕП» коомдук бирикмесинин єкїлї:

«КАРАГАТ» ДОЛБООРУ ЇЗЇРЛЇЇ ИШТЄЄДЄ» - Ысык-Кєл облусунун аймагында «Кумтєр» компаниясынын колдоосу менен «Карагат» долбоорунун жїзєгє ашып баштаганына бир топ убакыт болуп калды. Азыркы тапта аталган долбоор кандай иштеп атат? - «Кумтєр» компаниясынын колдоосу алдында «Карагат» долбоорунун иштеп баштаганына быйыл їч жылдын жїзї болуп калды. Мына ушул убакыт аралыгында аталган долбоор Ысык-Кєл облусунун аймагында ийгиликтїї иштерди жасай алды. Бул долбоор єзїнє беш компонентти камтыйт. Биринчиси – питомниктерди єнїктїрїї, фермерлерди окутуп-їйрєтїї, тамчылатып сугаруу ыкмасын їйрєтїї, кошулган баанын чынжырчасы жана продукцияларды сактоо. Мына ушул багыттарда иштер жасалып келет. «Кумтєрдїн» колдоосу менен балдар їйлєрїнє, балдар бакчаларына да барып, долбоордун негизинде иштерди жасап келдик. Долбоордогу иштерди жїзєгє ашыруу їчїн «Кумтєр» колдоого алган чакан кредиттик компаниялар бар. Андан фермерлер 3-4 № 131 • 5-июнь, 2015-жыл

жылга чейин 10 пайыздык їстєк менен кредит ала алышат. Фермерлерди окутуп їйрєтїїдє ар бир айылда єздєрїнїн демонстрациялык участоктору бар. Типтїї чарба жумуштарын дагы окутуп їйрєтїї иштери жїрїп атат. Айтор, бул долбоор Ысык-Кєл облусунун аймагында жашаган тургундардын жашоо-шартын оўдоого зор салымын кошууда. Жумуш орундары камсыз болуп атат. Мурдагыдай чет мамлекеттерге жумуш издеп кеткендер азайды. Себеби алар єздєрїнїн эле айылында жашап, иштеп жетишээрлик деўгээлде акча каражатын таба алышат. Бул долбоор иштейм деп турган жаштар їчїн эў жакшы мїмкїнчїлїк.

- Долбоордун келечеги кандай болот деп ойлойсуз? Анын жардамы менен бїгїнкї кїндє финансылык абалын оўдоп алгандар барбы? - Долбоордун келечеги жакшы. Анын максаты жогоруда белгилеп кеткенимдей айыл адамдарынын турмуш-шартын жакшыртууга багытталган. Бїгїнкї кїндє

À.Àòàìáàåâ êûòàé æàðàíäàðûíûí êàçà áîëãîíäóãóíà áàéëàíûøòóó ÊÝÐäèí Òºðàãàñû Ñè Öçèíüïèíãå 꺢¿ë àéòòû *** Ðîññèÿ Êûðãûçñòàíäûí Óëóó æå¢èøòèí 70 æûëäûãûíà äàÿðäàíóóãà êàòûøóóñóíà æîãîðó áàà áåðäè *** Êûðãûçñòàí ìåíåí Òàæèêñòàíäûí ÈÈÌè áèðäèêò¿¿ êîìèññèÿ ò¿çä¿ *** Êûðãûçñòàíäà Òàæèêñòàíäûí ìàäàíèÿò ê¿íäºð¿ ºòºò *** Êûðãûçñòàí ìåíåí Òàæèêñòàíäûí ÷åê àðàñûíäà ÷åê àðà ìàñåëåëåðèí ÷å÷¿¿ áîþí÷à äîëáîîð èøêå êèðãèçèëåò ***

РОССИЯ ТИМи:

Москва бїгїнкї кїндє сапаттуу деўгээлге кєтєрїлгєн Кыргызстан менен мамилени баалайт. Бул туурасында Россия ТИМ министри Сергей Лавров КР ТИМ министри Эрлан Абдылдаев менен болгон Москвадагы жолугушууда билдирди. “Биз биздин сапаттуу деўгээлге кєтєрїлгєн мамилебизди баалайбыз” деген анын сєзїн РИА Жаўылыктары баса белгилейт. Эске сала кетсек, бул жолугушуу ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) тышкы иштер министрлеринин Кеўешинин “айдыўында” болуп єттї. Лавродун сєзї боюнча Россия тарап Кыргызстандын президентинин Жеўиштин 70 жылдыгын майрамдоого катышканын баалайт. Ал согуштун жыйынтык-

ТАМЧЫ КАБАР

ÊÐäèí Òûøêû èøòåð ìèíèñòðè Ìîñêâà èíñòèòóòóíóí àðäàêòóó äîêòîðó íààìûí àëäû *** Ïîëüøà Êûðãûçñòàí ìåíåí æàêûíäàí êûçìàòòàøûï, æàðäàì êºðñºò¿¿ íèåòèíäå *** Äåïóòàò Ç.Áåêáîåâ ïàðëàìåíòòèê øàéëîîãî áàéëàíûøòóó ºç¿ äåìèëãåëåãåí ìûéçàì äîëáîîðóíàí áàø òàðòòû *** Äåïóòàòòàð “Ìåãàêîì” èøêàíàñûí ñàòóóãà êàðøû ÷ûãûøòû *** Äåïóòàòòàð àêûéêàò÷ûíûí óçàê 캺íºòò¿¿ èø ñàïàðûí ñûíãà àëûøóóäà *** Ïàðëàìåíò ÷åò ýëäèê àãåíòòåð òóóðàëóó ìûéçàì äîëáîîðóí êîëäîäó *** Íåìèñ äàðûãåðëåðè Áèøêåêòå áåêåð îïåðàöèÿ æàñîîäî *** Ñàíêò-Ïåòåðáóðã — Áèøêåê ìàðàôîíóíà êàòûøêàí áàéêåð ìàðàãà 100 ÷àêûðûì æåòïåé êàçà áîëäó *** Ïàðê àéìàêòàðû áàéëàðäûí òóðàê-æàéûíà àéëàíóóäà *** Îø øààðû êðåäèòêå òðîëëåéáóñ, àâòîáóñ ñàòûï àëóóíó êºçäººäº *** Êî÷êîð ðàéîíóíóí ìàìëåêåòòèê êàòòîî êûçìàòûíûí èìàðàòû àâàðèÿëûê àáàëäà òóðàò ***

долбоордун арты менен єз алдыларынча теплицаларды иштетип, жетишээрлик деўгээлде акча каражаттарын таап аткандар бар. їй-бїлєсїн толук камсыз кылышууда. Мындайлар бїгїнкї кїндє ондоп саналат. Мен алардын бирєєсїн эле мисал кылып кетейин. Бєкєнбаев айылынан Бакыт Зарлыков аттуу 30 жаштагы жигит бїгїнкї кїндє єз алдынча теплица иштетип атат. «Кумтєрдїн» кредиттик компаниясынан 500 миў сом кредит алып ушул ишин баштаган. Буйруса жемишин алып атат. Акмат РААТКАН

Êûëû÷áåê Àðïà÷èåâäèí ñîòó 8-èþíãà áåëãèëåíäè *** ×åò ýëäèê óíààëàð Êûðãûçñòàíãà êèð¿¿ ¿÷¿í 2,5 ìè¢ ñîìãî ÷åéèí àêû òºëºøºò *** Àëàéäà êº÷ê¿ 14 òóðàê ¿é㺠êîðêóíó÷ êåëòèð¿¿äº *** Óíàà áàçàðû ¿÷ ê¿í è÷èíäå 772 î¢ ðóëäóó ìàøèíà êàòòàãàí ***


5

МААНИЛЇЇ МАЕК Асылбек ТОКТОГУЛОВ, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын тєрагасы:

"МЕН ПАРАКОРЧУ БОЛСОМ БУЛ ИШТИН БЕТИН АЧПАСТАН ЭЛЕ АКЧАНЫ ТААП АЛЫП ЭКИГЕ ТЕЎ БЄЛЇП ЖААП-ЖАШЫРЫП КОЙМОКМУН"... Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын уюмунда болуп жаткан иштер жєнїндє толук эмес маалыматтар чыккандыгына байланыштуу бул санда профсоюздардын жалпы ишмердїїлїгї боюнча, анын ичинен укуктук жактан эмгекчилерге кандай жардам, профсоюздун катардагы мїчєлєрї менен кандай мамиле тїзїлїп жатканын боюнча коомчулукту маалымдайлы деп Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын тєрагасы Асылбек Токтогулов менен маектештик.

- Эмгек коопсуздугун камсыздандыруу боюнча – жумуш берїїчїнїн милдети жана жоопкерчиликтери кандай? – Мамлекеттик органдардын кийлигишїїсїз жана атайын институттун жардамысыз, єнєр жайдагы кырсыкты жана кесиптик ооруларды кєзємєлдєєчї-социалдык камсыздандыруу кызматкерлерисиз, иш берїїчї єз алдынча жогорку деўгээлде ишмердїїлїгїн алып кете албасын жашоо кєрсєтїп турат. Эмгек коопсуздугун тїзїїдє баардык зарыл болгон шарттар эў керектїї жана учур талабы, єндїрїштєгї кырсык жана кесиптик ооруларды социалдык жактан милдеттїї тїрдє камсыздандыруу мыйзамы Россияда, Белоруссияда жана Казакстанда ийгиликтїї иштей баштады. Ошондуктан єндїрїштєгї кырсыкты жана кесиптик ооруларды социалдык жактан милдеттїї тїрдє камсыздандыруу-азыркы учурдун мыйзам талабы. - Сиз жетектеп баштагандан тарта кандай иштер аткарылып, профсоюзда кайсы иштер иш жїзїнє ашырылды? - Тилекке каршы республикадагы минималдык айлык акы абдан аз. Алган айлык акысы їй-бїлєсїн бакканга жетпейт. Андан сырткары, бюджеттик мекемелерде дагы айлык акы маселеси абдан орчундуу, кєйгєйлїї бойдон турат. Кыргызстан профсоюздар Федерациясы Жогорку Кеўешке, Єкмєткє, министрликтерге маянанын єлчємїн кєтєрїї маселелерин демилгелеп, карапайым кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоп, Єкмєттїн, каржы министрлигинин, билим жана илим министрлигинин колдоосу менен мугалимдердин, андан сырткары, гидромедцентрлерде иштеген кызматкерлердин, токойчулардыкы, сугатчылардын айлык акысын кїздєн баштап 50 пайызга кєтєрттїргєнгє таасир эттик. 2012 жылы азыркы Эмгек Кодексти єзгєртєбїз деп чыкканда, єзгєрїї эмгекчилерге терс таасирин тийгизерин билип профсоюздар каршы чыгып, аны азыркы бойдон сактап калдык. Биздин демилге-

биз менен, Эмгек Кодексине соўку 3 жылда 17 беренге єзгєртїї жана толуктоо киргиздик, алар: 3, 20, 26, 57, 59, 64, 65, 70, 79, 83, 106, 113, 130, 133, 151, 188, 205. Учурда боюнда бар айым кызматкерлердин жана декретке чыкканда бериле турган пособиянын єлчємїн жогорулатуу демилгеси Єкмєткє сунуштадык. Эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоо жана укуктарын кїчєтїї максатында Административдик, кылмыш жоопкерчилигин толуктоо, єзгєртїїлєр киргизилди. 3 жылдын ичинде 79 мыйзам долбоорлорун жана токтомдор профсоюздук экспертизадан єткєрдїк, ошол эле кезде эмгекке тийиштїї мыйзам долбоорлорун иштеп чыгарышына тїз катыштык. Андан тышкары, 5000 ашуун мыйзам бузууларды аныктадык, алар – убагында айлыктын тєлєнбєшї, мыйзамсыз жумуштан бошотуусу, эмгек коопсуздугун сакталбашы ж.б. 1044 жарандын эмгек укуктарын тургуздук, 140 киши мыйзамсыз жумуштан бошотулган їчїн кайра жумушуна тургуздук, 419 сот процесстерине катыштык, 419 сотторго доо арызын жєнєттїк, 24 465 консультация берилди анын ичине кат жїзїндє 3936, жер-жерлерде 6341 эмгек комиссиялары тїзїлгєн. Эмгекчилердин укуктарын коргондон тышкары, биз алардын ден-соолугун жана їй-бїлє мїчєлєрїнє эс алдыруу камын кєрєбїз. Соўку 2 эле жылда Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынан санатория-курорттордо 26 933 эмгекчилер ден-соолуктарын чыўдады, профсоюздардын профилакторияларда 3875 адам эс алып, дарыланышты, 26 452 балдар жана єспїрїмдєр балдар лагерлеринде эс алышты. Бул негизги иштерден тышкары, алдыбызда єткєрчї чоў иш-чараларыбыз бар. 2015-жыл биз їчїн єзгєчє жыл. Себеби быйыл Кыргызстанда профсоюздар кыймылынын тїзїлгєнїнє 110 жыл болду. Ал эми Кыргызстан профсоюздар Федерациясын расмий тїрдє жаралгандыгынын 90 жылдыгы белгиленгени турат. 1905-жылдары Сїлїктї шаарында, Кызыл-Кыяда шахтёрлордун биринчи профсоюздук кыймылы башталган экен. 1925-жылы 31-мартта атайын 13 тармактык профсоюз биригип, республикада Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жаралган. Ошондуктан быйыл атайын Кызыл-Кыя шаары, Баткен, Жалал-Абад облустарына барып шаар активдери, ардагерлери, жалпы профсоюз активдери менен жолугушуп, алдыда боло турган 110 жылдык кыймылынын башталышы жана профсоюз кыймылы жаралган 90 жылдыгына карата старт бердик. Муну менен биз ар бир кызматкердин эмгекке болгон укугунун корголушуна жакшы шарт тїзїїнї пландоодобуз. Быйыл Кыргызстан профсоюздар Федерациясында кезектеги съезди болот. Ошол съезддин алкагында мындан да ишмердїїлїгїбїз-

дї жандандырабыз.

- Коомчулукта профсоюзда чыр кєп болуп атат деген сєздєр айтылып келет. Негизи бул боюнча толук маалымат бере аласызбы, айтылып аткан сєздєрдїн канчалык деўгээлде чын? - Жетекчи катары коомдун пикирин ар дайым баалайм. Биздин менчигибиз болгон «Кєгїлтїр Ысык-Кєл» курортубуз мындан эки жыл мурун абдан оор абалга тїшїп калган. Ошондо профсоюздун мїчєлєрї менен бирдикте барып “Кєгїлтїр Ысык-Кєл” курортунан эки жарым гектардай жерди сатууну жамаат менен бирге чечип, анын акчасын ошол эс алуу жайдын абалын оўдоо иштерине кетиргенбиз. Мына ушунун тегерегинде ар кандай коррупциялык иштер бар деген сєздєр чыкты. Мунун баары карандай калп. Себеби ушул кїнгє чейин укук коргоо органдары, эсеп палатасы келип текшеришкен. Ичип алган, жеп алган деген эч кандай факт жок. Бул жєн гана ошонун тегерегинде айтылып жаткан ушак-айыў сєздєр. Пайдаланылбай жаткан кээ бир кыймылсыз мїлктєрдї ишке салыш бїгїнкї кїндє ишкерликтин жолу деп ойлойм. Тескерисинче, пайдаланылбай чирип жок болсо, анда профсоюздун кимге кереги бар эле? Анда дагы чирип ирип жатат деген сєздєр чыкмак. Биз ошолорду текке кетирбестен ылайыкташтырып “Кєгїлтїр Ысык-Кєл”, “Ала-Тоону” оўдоп-тїзєп эмгекчилерге замандын талабына дал келген шарт тїзїп койдук. Андан сырткары, Жалал-Абад, Ысык-Ата курортун киши тааныгыс кылып жасадык. Кыргызда жакшы сєз бар - «Кєргїсї келбеген эч качан кєрбєйт, уккусу келбеген эч качан укпайт» деген, ошондуктан элди карап отура бербей єзїбїзчє иш кыла беришибиз керек деп ойлойм. - Акыркы учурда профсоюздун бюджетинен жоголгон ири суммадагы акча тастыкталса дагы артынан ар кандай сєздєр айтылып жїрєт, бул иш тууралуу айта кетсеўиз? - Тилекке каршы акыркы учурда ММКларга менин ички оппоненттерим, башкача айтканда, єзїбїздїн эле Кеўештин мїчєлєрї кєрє албастык кылып ар кандай чуулгандуу маалыматтарды таратууда. 2015-жылдын бюджети бекигенден кийин отчет маалында єзїбїздїн федерациябыздын бухгалтерлик бєлїмїндє, менде шектїї маселе жаралгандан улам маселе туулган. Ошонун негизинде єзїм изилдеп карап отуруп биздин бухгалтериядан ири єлчємдєгї акча жетпей калгандыгын тастыктап чыккам. Так айтканда, 4 миллион 325 миў сом. Бул сумманы єзїм таап чык-

кандан кийин биринчи кєргєн чарабыз кассирди алмаштырдым. Башкы эсепчи келип тїшкєн акчалардан єзїнє алып койгон дагы, ал акчаны башка бир жолдор менен жок кылып же болбосо жаап-жашырбастан ачык бойдон калган. Ачыкка чыккандан кийин ал єз мойнуна алып, ошол убакытта эле акт тїзїп, кассадагы жоголгон акча менин мойнумда деген документтерди алгандан кийин ал киши ыйлап, бир айдын ичинде ошол сумманы ордуна коем дегенинен жетекчи катары мїмкїнчїлїк бердим. Бирок бир айдын ичинде ордуна кое алган жок. Бул ишти 4 бухгалтер, башкы эсепчи, кассир билген. Ошондуктан Кеўештин аксакал мїчєлєрїнє кабарлаганымда, алар дагы бир жума берип кєр, ордуна коюп коер дешкен эле. Муну соттотуп жибергенде маселе кєп жылга кармалып калат деген кеўештерин беришкен. Ошол учурда текшерїї комиссиясы келип, баягы 4 миллион 325 миў сом башкы эсепчинин мойнундагы акчадан башка кошумча дагы 3 миллион 800 миўге жакын каражат жетишсиз деп жатышат. Учурда Башкы прокуратуранын санкциясы менен башкы эсепчиге иш козголгон. Бул киши алгач акчасын єзїнїн моюнундагысын тєлєшї керек. Ал эми текшерїїдєн кийинки чыккан маселени дагы ордуна коюп бергиле деп ИИМге кайрылуу жасадык. Ошол акчаны жеген башкы эсепчи биздин жыйында, атайын тїзїлгєн комиссиянын алдында «бул ишти жетекчинин макулдугусуз єзїм жекече жасагам. Мен бул акчаны кайрып берем» деп єз милдетин алды. Бирок бїгїнкї кїнгє чейин ордуна кое албай жатат. Ошондуктан бул маселе боюнча укук коргоо органдары иш жїргїзїп жатат. Мен ойлойм, бул иштин аягына укук коргоо органдары чекит коюп, эгер тєрага кїнєєлїї, тїшкєн каражатка кол коюптур, катып, жоготконго шарт тїзїптїр деген жыйынтык чыгарса, мен кїнєєм катары мыйзам алдында жооп берем. 2012-2013 -жылдары текшерїї комиссиясы келип эмнегедир бир дагы ичипжеп алган деген акт кагазы чыккан эмес. Демек, текшерїї комиссиясы бул ишке їстїртєдєн гана караган. Эгер мен паракорчу болсом бул иштин бетин ачпастан эле акчаны таап алып экиге теў бєлїп жаап-жашырып коймокмун. Бирок мен эч качан андай иштерге барбайм, тескерисинче єзїм мындай иш болгонун єзїм жарыялагам. Тилекке каршы, мындай иштерге жол бербєє їчїн кїнєєлїїнї таап чыкканыма жанагы кєрє албастыктарын жасап жаткан, чыгарып жаткан ушак сєздєрї болгону ушул. Бирок ушундай иштер болсо дагы профсоюздун негизги ишин андан ары єркїндєтїїгє, алдыга жылдырууга баардык аракетимди жїргїзє берем. Сталбек МАМЫРАЛИЕВ

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл


6

«ЗАХВАТЗАМАН»

БАКИЕВДЕРГЕ ТАЯНЫП, ТЕМИР САРИЕВДИ ЖЕМЕЛЕГЕН АБЫКУЛОВА КОЛГО ТЇШТЇ... на байланыштуу делинип учурда ооруканада жатат. Бирок, «колуў менен кылганды – моюнуў менен тарт» дегендей, эми мыйзамга ылайык канча жер саткандыгы тууралуу маалыматтар басма сєз беттеринен байма-бай чагылдырылып турмакчы.

Анара КЕНЕНБАЕВА, «Асыл ой» коомунун мїчєсї, жабырлануучу:

Акаев качкандагы март ыўкылабынын биринчи кїнї марадерлук, талап-тоноочулук сыяктуу баш аламандыктар менен эсте калган болсо, бир аз убакыттар єтпєй жер басып алуучулук деген оору тїмєн журтту каптады. Кєзї кєрїп, кулагы уккандын баары жер берилип жатыптыр деген кабар угушуп шаардын чеке-белин кєздєй агылышты. Ал тургай, шаарда жашагандар айылдагы тууган-туушкандарын чакырышып, «бул жакта жер берилип жатат, бекер жатпай келип жер алгыла» деген каўшаар маалыматтар айыл-айылда малын багып, жерин айдап тынч жаткан малчы, дыйкандын баарынын кєўїлїн борборго тартты. Илгери 19-кылымдагы Кокон хандыгына жаўы хан келип, жаўы заман алып келгендей кєрїнїштї кабылдаган карапайым эгеменчил коомчулук ал кезде Бакиев жаўы президент болуп келип, жерлерди чєнтєгїнєн чыгарып таратып берип жаткандай ага кайра-кайра алкыштарын айтып жатышты. Эл чогулуп, ар кай жерге ар тїрдїї коомдор ачыла баштады. Кыскасы, ээн жаткан талаа согуш майданындагыдай эле пытырап жатып калды. Ар кай жерде чатыр, вагондор. Кызыл жип байланып, таш менен кере карышталып єлчєнгєн талаалар, тепселген буудай, арпа, жїгєрї. Деги койчу, тынч жаткан СарыЄзєндїн кеў талаасы ошентип апаат кїн тїшкєндєй бир заматта чаўы асманга сапырылды. Туура эмес жїргїзїлгєн саясаттан улам эл коом-коомго бєлїнїп, топ-топ болуп ар кай жерде жашоо єткєрїп жатышты. Ал ортодо талаш-тартыштын айынан ынтымак кетип, коом менен коом согушкан кїндєр да баштан єттї. Чїйдїн эли биздин їлїш жерлер тепсендиде калды деп, чатыр, вагондорду єрттєп тоголотуп, жер басып алуучуларды зыркыратып кубалаганга аргасыз болушту. Бирок болбоду. Саясат ошондой жїргїзїлдї. Жаныш Бакиев, Адыл Бакиев, Їсєн Сыдыков сыяктуу шылуундар коомчулукту «баскыла, жанчкыла» дешип, ого бетер їгїттєп турушту. Алардын тїндїк-тїштїк элин эки бєлєк айырмалап караган саяса-

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл

тын жан адам элес алган жок. Їсєн Сыдыков аксакалдын Бакиевдерге берген кеўеши боюнча элге жер берип жакшылык кылып, коомчулукту биротоло колго алып, электорат топтоо саясаты эле. Ал электорат кєбїнчє Ош, Жалал-Абад аймактарынан келет деп пландалган болчу. Ал ортодо жер саткан ортомчу шылуундар пайда болду. Ошентип эл экиге бєлїндї: алданган карапайымдар, анан алдамчы шылуундар болуп. Ошондой шылуундардын бири гезитибизде сєз кыла турган Чынара Абыкулова аттуу инсан. Бул жаран элди алдап бир участокту экиден, їчтєн адамга сатып жїргєндїгї їчїн учурда убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда орган кызматкерлеринин карамагында. Жогоруда биз сєз кылган Бакиевдердин жер басып алуучулук саясатында «Асыл ой» деген коомго жетекчилик кылып, анын курамындагы элди пайдаланып, коомго чечилген жерлерди жеке менчигине айландырып, жїргєн. Ал эми басылып алынган жерлерди єзї менен бирге жїргєн тарапташтарына ээ кылбай, єзї билгениндей сатып жок кылып турган. «Асыл ойчулардын» айтымына караганда, Чынара Абыкулова (азыркы фамильясы Турушбекова) убагында Адыл Бакиев менен коюн-колтук алышкан жакшы тааныштар болгон. Ал тургай, Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен жер басып алуу учурунда тоскоолдук кєрсєткєн Сокулук эли менен болгон ызы-чууда Темир Сариевди кїнєєлєп басма сєз жыйынын єткєзїп, гезиттерге азыркы премьерди болушунча боктогон. Абыкулованын айтымы боюнча, Сариев «Сокулуктун жерин Оштуктар басып алып жатат»-деп элди кєкїтїп, уруш чыгарган имиш. Ал эми Сариевдин ал учурда антип элди экиге бєлбєгєнї, тескерисинче жер бєлїштїрїї саясатынын туура эмес жїргїзїлїп жаткандагы Бакиевчил бийликти сындап айткандары телеге тарткан видео архивдерде сакталып калган. Чынара Абыкулова бир канча жер участокторун алдамчылык менен саткан деген кинэ коюлуп убактылуу кармоочу жайга камалганы менен, ден-соолугу-

- Жер маселеси боюнча чырлашып жїргєн экенсиздер. Кєйгєйдї башынан баштасаўыз? - 2009-жылы жай айларында жер маселеси менен чуркап жїрїп, Чынара Абыкулова деген аял менен таанышып калдым. “Асыл Ой” деген коомдук уюмдун тєрайымы экен. Менде жерлер бар, їйдїнбї же машинанынбы, айтор баалуу нерсе барымтага коюп, алсаў болот дегенинен ага ишенип, сиўдим жолдошу менен кеўешип, їйїн койдук. 1 гектарга акча тєксєў 17 участок болуп калат дегенинен мен да кишилерге айтып, жерге барсак, жашыл китебин кєргєзїп, мына жакында кызыл китебин алабыз, мамлекетке акча тєгїш керек деди. Кийинчерээк гектарын 15 миў долларга чыгарды. 15 миў 800 доллар тєгїпмїн. 17 участок берем деп жїрїп, 11 участок берген, анын алтоосун кайра башка бирєєгє (Чолпон, Динара деген аялдарга) сатып ийиптир. Азыр биз алар менен талашып, айлабыз куруганда Чынара Абыкулованын їстїнєн арыздандык. Сокулук РОВДсы карап атат. Бирок, баласы бул апамдын жери деп, арыз жазгандардын айрымдарына жерби же башка нерсе убада кылып атышканбы, алдашып тосмо арыз жаздырып аткандыгын туюп атабыз. - Чынара Абыкулова ал жерлерди кайдан алыптыр? - Ч. Абыкулова, азыр фамилиясын Турушбекова деп єзгєртїп алган. 2005-жылы элге кошоп эле жер алам деп, “Ак Ордо” коомуна келип кошулат. Коомдун ал кездеги жетекчиси качып кетип, андан кийинкиси да тїзїк иштебегендиктен, юридикалык сабаты бар дешип ушул Ч. Абыкулованы тєрайым кылып шайлашат. Анан орто жолдо ал кезде оппозицияда жїр-

гєн Темир Сариевди жамандап жїрїп Акмат Бакиевге жолугат. Ошентип, жер алмай болушат. Абыкулова “Асыл Ой” коомуна келип, 20 гектар жер алуу їчїн сїйлєштїк дейт дагы, 103 гектар жерди А. Бакиевдин6кєрсєтмєсї аркылуу алат, кєрсє ага да убагында акча тєгїп жїргєн экен. Эў кызыгы, жерди коомдун атынан алат дагы, менин наамымда тура берсин десе коомдун мїчєлєрї ага ишенип, макул болуп коюшат. 103 гектар алганын кийин анын їстїнєн арыз тїшкєндє билинип олтурбайбы. Кыскасы, уюмга кирген 700 адамдын укугу тебеленди да калды. Ленин РОВДсына кайрылганбыз, ал жерде Абыкулованын келини иштейт экен, Чынараны ооруканага жаткыза коюп, ишти токтотуп койду. Бир топ жерге арыздар тїшкєн. Мисалы бул киши 9 гектарды бирєєнє сатса, ошол эле жерди башка бирєєнє да саткан. Баягыл 9 гектар жер 25 гектар болуп кеткен. Бир участокту 2-3 дєн кишиге сатып ийет. Мындай мисалдар толтура. Азыр эми иш Сокулук РОВДсына тїштї. Иш акыйкат каралаар деп кїтїп турабыз.

- Сиўдиўиздин їйїн барымтага коюпсуз. Минтип чатакташып жїрсєўєр ал їйдїн тагдыры не болду? - Ал їйдїн да документтерин Ч. Абыкулова жасатып туруп сатып ийген. Ошол аялдын айынан туугандарга да жаманатты болдум. Роза НУЗУРАЛИЕВА, жабырлануучу:

Мен Чынара Абыгулова менен Динара Аманжанова деген айылдашым (Военно Антоновкада жашайбыз) аркылуу жер алгам. Биз 4 гектар деп, гектарын 12 миў доллардан сїйлєшкєнбїз. Барсам менин жерим 4 эмес бир гектарга да чыкпай калды. Акчасын тєлєп баштагам. Єзїм Сокулуктун Новопавловка айылындагы Нурлан базарында базарком болуп иштейм. Мурда колхозчулардан їлїш жерлерин сатып алып, аны тронсформация кылып, элге берчїмїн. Анан эле булардын жери арзан чыгып калгандыктан алайын деп, орто жолдо калдым. Бул жерди 4 гектарды мага саткандан кийин башка адамдарга да сатып

ийиптир. Бир жерге 4-5 киши барып калып, талаш жаралгандыктан, Сокулуктун РОВДсына жамааттык негизде арыз менен кайрылып каматтырганбыз. Эмне себеп менен билбейм, кайра чыгып кетти. Ал эми райондук тергєєчїлєрї менин чыгымымды 1 млн. 630 миў сом деп жазып берген. Президентке чейин кайрылдык. Акыры бул адам кылган ишин мойну менен тартыш керек да. Чїй облустук ИИБ сы менен Сокулук РОВДСЫ ишти калыс карай баштагандыктан аларды да, бизди да жаманатты кылууга єттї.

Токтобїбї ТОРГОЕВА, «Асыл ой» коомунун мїчєсї, жабырлануучу:

Мен Ч. Абыгуловадан 5 гектар жер рассрочкага алгам. Исаева Бактыгїл деген аялга бересе экен. Ал Абыгулованын жїзїн ачып баштаганда менден 5000 доллар алып, карызын жапкан. Ал мен аркылуу карызын жаап алгандан кийин менин жер алганымды жокко чыгарып, четке тїртїп салды. Анысы аз келгенсип, жер сатты, автоунаа алды, їй салды деп жаманатты кылууда. Кайсыл жерди берсеў, кайра бїтїн алчы айланайын дедим, айлам кетип. Кыскасы, жеткен шылуун неме экен.

Асыл УКУЕВ, «Асыл ой» коомунун мїчєсї, жабырлануучу: - Ч. Абыгуловадан алты участок рассрочкага алгам. Ишеним кат жазып берип, жерди єзї барып кєргєзїп берген. Анын эки участогуна мен фундамент куйдуруп койсом, анын їстїнєн башка бирєєгє сатып ийиптир. Азыр ал жерлерге забор курулуп калыптыр. 1500 доллар колуна бергем, фундаментке канча акча кетти. Азыр эми укук коргоо органдарынан эле акыйкаттык кїтїп олтурабыз.

Айтмакчы, Р. Отунбаеванын (Убактылуу Єкмєт) учурунда биз сєз кылып жаткан Ак Ордо 3дїн 519-520-контуру «Асыл ой» коомуна чечилсин деген токтом чыккан деген да маалыматтар айтылып жїрєт. Кыяз ТУРДУМАМБЕТОВ


РЕФОРМАТОР

7

"Мен америкалыкмын" деген патриоттук сезимди тирилткен

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл


8

ЮБИЛЕЙ

“Билимдїїгє Билимдїїгє дїйнє жарык”

Статистикалык маалыматтарга караганда єткєн жылдын эсеби боюнча Кыргызстанда жакырлардын катарына 1 млн. 900 миўдей киши кирет. Тагыраак айтканда, калктын 38 пайызы, 15 жыл мурун мындан да кєп болгон. Кирешеси аз їй-бїлєлєр негизинен аймактарда жашайт. Жакыр деп эсептелген кишилердин 73% айыл тургундары. Социалдык чыўалууга кабылган Кыргызстан їчїн сырттан кол сунуп жардам беребиз деген эл аралык фонддордун салымы оголе чоў болду. Мындан 15 жыл мурун “Бїткїл дїйнєлїк жаштар ассамблеясы” Кыргызстанга алгачкылардан болуп социалдык кєйгєйлєрдїї чечїїгє, жардамга муктаждарга кол суна баштады. Адегенде эле борбордон алыс, шарты катаал айылдарды кыдырып, медициналык жактан колдоо кєрсєтїї їчїн атайын айыл тургундарынын ден-соолугун жакшыртууну колго ала баштаган. Керектїї дары-дармектерден єйдє таратып, бейтаптардын жансоогасына калганы кимдин гана болбосун эсинде. 15 жыл аралыгында тээ алыскы аймактарда, тоолордун арасындагы бейтаптардан кабар алып, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте оорукчандарга не керек ошонун муктаждыктарын жоюуга аракет кылып келїїдє. Медициналык заманбап техникалары жок, ойлору болгону менен колдору жетпей жаткан жана дассыккан дарыгерлери жок аймактарга медициналык кербендерди жыл сайын уюштуруу салтка айланткан. Анда миўдеген кыргызстандыктардын оору жерден, жеўилин колдон алууга жетишкенин аўдап турсаўыздар керек. “Ден-соолук ємїр булагы”, “Билимдїїгє дїйнє жарык”. Мындай ураандын алкагында тагдырдын жазмышы менен жаштайынан ата-энесинен эрте ажыраган жетим балдарга да саламаттыгына кєўїл буруу, ар тараптан билим берїї “Бїткїл дїйнєлїк жаштар ассамблеясынын” не-

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл

гизги багыттарыны бири. Башында кичинеден колдоо кєрсєтїп отуруп, азыркы тапта 2 миў жетим баланы єз карамагына алууга жетишти. Ай сайын акчалай жєлєк пул берип, ар мезгил сайын кийим-кечектер менен камсыздашат. Дептер, калем сап, карандаш єўдїї окуу куралдарынан кур калтырышпайт. Їч ай сайын медициналык кароодон єткєрїп, сыркоолоп калгандарын сакайтууга кам кєрїшєт. Мусулманчылыкта да жетимдерге, муктаждарга жардам берїї єтє чоў сооп иш. Єлкє келечеги жаштардын колунда. “Дени сак улут, дени сак коом” демекчи, бїгїнкї жаштарга колдоо кєрсєтїї эртеўки келечекке кам кєргєнїў эмеспи...

Социалдык єнїктїрїї министрлигинин тизмесинде турган мїмкїнчїлїгї чектелген жарандардын беш жїзїнє адистешкен коляскалар берилип, 200 кєзї азиздерге атайын кол таяктар таратылган. Ушул эле жылы БДЖАнын 15 жылдык мааракесине карата 150 даана майыптар їчїн коляска белекке берилди. Кыргызстан таза шылдыр аккан суунун мекени болгону менен атайын тазартылган суу менен эл толук камсыздала элек. Мындай кырдаалда кандай гана илдеттерге алып келээрин дарыгерлер какшап келишїїдє. Бул кєрїнїштї жєн карап турал-

бастан жарандарды кыйынчылыктардан алып чыгууга “Бїткїл дїйнєлїк жаштар ассамблеясы” батыл киришип жардамдарды берїїнї максат кылган. Ал їчїн атайын долбоор иштеп чыгып, анын алкагында жер астынан 30 метрден, 60 метрге чейин суулар чыгарылып, 700 скважина, 600 суу соргуч жана атайын суу тїтїктєрдї Кыргызстандын бїт аймактарына орнотушкан. Азыркы тапта Чїй облусунун Арашан айылын таза суу менен камсыз кылууну єз моюнуна алды. Москва районунда жайгашкан Ак-Суу айылын дагы буга чейин таза суулу кылууга жетишкен.

Бул да болсо кыргызстандыктар їчїн бир аз болсо дагы жеўилдик болгонун жергиликтїїлєр бир ооздон айтып келишїїдє. Элеттен сырткары бейтапканаларды, орто мектептерди, бала бакчаларды суу тїтїктєрїн орнотуп, таза суулар киргизилген. Мындай социалдык обьекттердин бир канчасы долбоордун алкагында жїзєгє ашкан. Эми да токтоп калбай, долбоорду ишке ашырууну максат кылышууда.

МУКТАЖДАРДЫ ЇЙЛЇЇ КЫЛУУ МАКСАТЫБЫЗ “Їўкїр да болсо їйїм бар” демекчи Ош облусунун аймагында аз камсыз болгон їй-бїлєлєргє жана майыптыгы бар жарандар їчїн жалпы жонунан 36 їй курулуп берилген. Андан тышкары єлкєнїн тїштїгїндє тутанган этникалык араздашуудан улам їй-жайсыз калгандарга да жєн карап тура албады. Турак-жайлар талкаланып, єрттєнїп кеткен жарандардын абалын кєрїп туруп, ассамблея 21 тїтїнгє жаўы їй салып, ичин эмеректер менен толтуруп берди. Ошол кездеги мамлекет тарабынан тїзїлгєн Ош-Жалал-Абад шаарларын кайрадан калыбына келтирїї дирекциясы менен биргеликте ишке ашырылган. Бул да болсо жарандар їчїн эбегейсиз колдоо болгонун баса белгилей кетели.

Ошол эле маалда коогалаў маалында “Ар дайым сиздер менен” аттуу акциясынын алкагында тонналаган азык-тїлїгїн азык-тїлїктєй, кийим-кечектеринен бери жана жууркан тєшєктєрдєн гуманитардык жардам катары кєрсєтїшкєн. Ош облусунун Алай районундагы Нура айылындагы зилзаладан жабыр тарткандарга тамак-аш, жылуу кийим, тєшєнчїлєрдєн єйдє жеткирилип, єз кезегинде эбегейсиз колдоолор болгон.


ЮБИЛЕЙ WAMY: БИЛИМГЕ КОЛ СУНАБЫЗ! Бул уюм муну менен гана чектелип, токтолуп калган жок. Кыргызстанда колдоого муктаждардын кєптїгїн кєрїп, жардамдын кайсы гана тїрї болбосун берїїнї чечти. Орто мектептердин жетишсиздиги, же болбосо оор абалдагы мектептерде окуган окуучулардын акыбалын кєрїп туруп орто мектептерди курууну баштаган. Келечек муундун эртеўки жашоосуна кам кєрїїдєн єтєєр кайрымдуулук иш болбосо керек. 15 жыл аралыгында єлкєбїздїн бардык аймактарына билим алуучу заманбап жайлардан 27син курган. Эў алыскы катаал шартта жашаган келечек муундун эртеўкисине пайдубал “тургузуу” башкы максаттарынын бири эле... Анын бардыгын жїзєгє ашырып, мектепке кандай гана эмеректер керек болсун, бардыгын азыркы замандын талабына ылайыкташтырып куруп келїїдє. Белгилей кете турчу жагдай, салынган мектептер Билим берїї жана илим министрлигине толугу менен єткєрїлїп берилип, окуу системасы жана мугалимдер мамлекеттин кароосуна тапшырылат. Кыскасы, бул уюм мектептин ичи тышынан бери бїтїрїп, калганын мамлекетке єткєрїп берет.

“ИЛИМИЙ – ТЕХНИКАЛЫК ИНТЕЛЕГЕНЦИЯНЫ КОЛДОО”

программанын алкагында 2004 – жылы сынак уюштурулуп жеўїїчїлєргє айыл чарба, материалдык кайра иштеп чыгаруу, тарых, медицина тармагында жаўы ачылыштарды жасоо їчїн акча каражаттары берилїїдє. Максаты билимдин, илимдин жанданышына жана аны практикага колдонуп, єлкєнїн єнїгїшїнє єз салымын кошуу.

9

140 орундук студент кыздар жашай турган “Даткайым” жатаканасында китепкана, машыгуу жана компьютердик залдарын жабдылган. Жатаканада тїрдїї тил, тикмечилик, компьютердик курстар окутулуп, жыйынтыгында сертификаттар берилет. Муну менен кыздардын билимин жогорулатууга єбєлгє болуп, башка жумуштарга да иштеп кетїїгє шарт тїзїлєт.

“КИЧИНЕКЕЙ МАМЛЕКЕТ”: ЖУПТАШТЫК Студенттердин билимин жогорулатып, аларды билимге шыктандыруу максатында єлкєнїн Билим берїї жана илим министирлиги менен чогуу эў мыкты окуган студенттерге ноутбук жана планшеттер жыл сайын белекке берип келишет. Ошол эле маалда “Бїткїл дїйнєлїк жаштар ассамблеясы” 2006-жылдан тартып жыл сайын 10 жакшы окуган студенттердин магистратурага тапшыруусуна жана алардын контрагын тєлєп, ар бир ай сайын стипендия берип турат. Бул тапта алардын саны жїзгє жетти.

Салынган мектептер: Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кеў-Арал, Урмарал, Миў-Булак, Бишкек – Ленин району Жунусалиев кєч. Чїй – Сокулук району – Алыскы Арал, Бишкек шаары Свердлов району – Рухий Мурас жаўы конушу Ош облусунунун Ноокат районундагы Каракечит , Жабылы жана Белкайрагач айылдары. Ош облусунун Єзгєн районундагы Зергер Ош облусунун Каракулжа районунун борборуна, аталган аймактын Жетим Дєбє жана Чалма айылдарына. Ысык-Кєл облусунун Ак-Суу районунун Челпек, Тїп районуна. Нарын облусунун Кочкор районунун Оро-Башы жана Нарын шаарына. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Жинжиген, БАМга, Исфана шаарыны Тайлан, Акбулакка, Лейлек районунун Катран айылына, Кадамжай районунун Майдан, Кароол, А. Жолдошов жана ЇчКоргон айылдарына заманбап орто мектептерин салдырган.

сыздыгынан кєптєгєн диний радикализмдин кєбєйїшїнє алып келгени байкалууда. Бул факультеттин ачылышы менен кайсы гана дин болбосун анын тарыхын, багытын тереўдетип окутуп, жогорку билимдїї адистер даярдалып чыгат. Андан улам диний сабатсыздыкты жоюуга да мїмкїнчїлїк тїзїлїп, жарандарды диний азгырыктардан коргоп калат деген ишенимдери жанданды. Бул бєлїмдї ишке киргизїї їчїн факультетке керектїї бардык аудиторияларды жана бєлмєлєрдї

Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетине ассамблея электрондук китепкана ачты. Анда миўден ашуун заманбап китептер копютерлерге коюлуп, студенттер їчїн абдан ыўгайлуулук жаратты. Китепканадан бир канча чет тилдерин їйрєнїп, башка сабактарды тереў єздєштїрїїгє жол ачылды. И. Арабаев атындагы КМУ менен биргеликте теология факультетин негиздешти. Себеби, Кыргызстанда диний билимдин ал-

замандын талабына ылайык оўдоп тїзєп, эмеректерди киргизип берди. Аны менен катар эле студенттер їчїн окуу жана компьютердик залдар жабдылган. Бул жерде окуган студенттер їчїн ассамблея тарабынан контракттар тєлєнїп, арасынан мыктылары їчїн ай сайын стипендия берилип турмакчы.

“БЇТКЇЛ ДЇЙНЄЛЇК ЖАШТАР АССАМБЛЕЯСЫ”

Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясы менен чогуу ислам укугу кафедрасын тїптєп, атайын студенттер їчїн окуу тєлємїн жана ай сайын берилїїчї стипендияны ассамблея єз жоопкерчилигине алган. Башкалаанын 12-кичи районуна жетим балдар їчїн “Элистан” балдар борборун салып, азыркыга чейин бардык муктаждыктарын камсыздап турат. Ар жылы окуу аяктаар менен эў жакшы окуган жана коомдук иштерге активдїї аралашкан таланттуу балдарды иргеп алып кєгїлтїр Ысык- Кєлдїн жээгинде 10 кїндїк эс алууларды уюштуруп келїїдє. Окуучуларды тандап алууда Жаштар министрлиги менен тїзїлгєн келишимдин негизинде жїзєгє ашырылууда. Балдардын шыгына шык, демине дем кошуп, алдыга умтулууга шыктандыруу максатын кєздєйт.

Эў алгачкылардан болуп їйлєнє албай жїргєн жаштарды їйлєнтїїнї баштаган. 2013-жылы 50 жаш жуптардын башын кошуп, келечекке жол ачып берген. Бул їйлєнїї жєрєлгєнї єткєрїїгє аз камсыз болгон їй-бїлєлєрдїн, апрель окуясына катышкандардын, биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар эркек балдар їйлєнїштї. Жубайларга эў зарыл тиричилик буюмдары берилип, жуптарга чоў эле жардам болду.

МУСУЛМАНДЫК МИЛДЕТ Жыл сайын ыйык Курман Айт майрамына карата муктаж болгон їй бїлєєлєргє тамак аш азыктары жана эт менен жардам кєрсєтїлєт.Аны менен бирге Ыйык Рамазан айында 30 кїн орозо кармаган жарандарга “ооз ачуу” дасторкондору жайылып, кєпчїлїк аймактардагы мусулман коомчулугуна майрамдык тамак аштар тартууланат. Бектур Баймоўолов

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл


10

ДЄЄЛЄР КАГЫЛЫШЫ

ТОКОМБАЕВ VS АЙТМАТОВ

Дїйнєдєгї эў эле тез кубулган нерсе - адам баласынын єтмїшї, алыстап бараткан тарых” дептир бир акылман. Анын сыўары кечээ эле баарыбызга кєнїмїш сезилген кєп окуялар, адамдар, алардын жасаган иштери бїгїн кєзїбїзгє таптакыр башкача кєрїнєт. Жаман деп санаган нерсе жакшыга ооп, ал эми ар качан мактап келген кєп нерселер азыр бизге жат учурайт, атїгїл кантип мактап жїрдїк экен деп єзїбїзгє єзїбїз таў калган учурларыбыз жок эмес. Єтє алыска барбай, мындан чейрек кылым мурда тарых бїктємїнє кеткен Совет заманын эле алалычы. Бир караганда шамал жок кездеги кєл сыўары кєйкєлгєнї менен, ал доордун тымызын кармаштары, опурталдуу эрєєлдєрї, республикага эле эмес, тээ Москвага чейин кабары жеткен кїрєштєрї кєп болгон. 20-30-жылдардагы “тап кїрєшїн”, басмачылар кыймылын, “кызыл террорду”, кулакка тартылган нечен кыргыздар їй-бїлєсї менен Оренбургдан Украинага чейин сїргїнгє айдалганын айтпай эле коелу. Согуштан кийин деле заман анча тынчыбаптыр. “Манастын” Чоў казатын которткону жана басмага даярдаганы їчїн, кетирген “каталары” їчїн адабиятчылар Т. Байжиев, Т. Саманчин, З. Бектеновдор сот жообуна тартылып, Т. Байжиев Караганданын тїрмєсїндє ачкадан єлїп тынcа (кай жерде кємїлгєнїн эч ким билбейт), Т. Саманчин болсо тїрмєдєн жуктурган кургак учуктан а дїйнє салыптыр. Ошол саясий “каталар” жана идеологиялык “жаўылыштыктардан” улам келип чыккан кармаштардын эў акыркысы мындан 40 жылдай мурун, атап айтканда, 1987-жылы, Советтер Союзунун соўку жылдарында болуп єткєн десек анча деле жаўылышпасак керек. Атагы алыска кетип, бїт Кыргызстанды дїўгїрєткєн ал кармаш кыргыздын эки дєєсїнїн, Аалы Токомбаев менен Чыўгыз Айтматовдун ортосунда болгон эле. Анда кеп ошондон болсун. Кептин чынын айтсак, ал кезде баарыбыз эле бул кырчылдашкан катуу кармашты биздин эки алптын, “баатыр” наамы бар эки залкардын ортосундагы кокусунан дуулдап кеткен идеологиялык чабыш же диспут деп тїшїнгєн элек. Эми карай келсек, ал кармаштын тамыры єтє эле тереўге кетип, учугу ошол кездеги чоў саясаттын багытына, жашыруун кызматтарга, баягы эле КГБга, керек болсо Кремлге барып такалат. Аны эми билип отурабыз. “Кыўыр иш кырк жылда” деген кеп ушул сыяктуу иштерден улам келип чыкса керек го. Бул чынында да опол тоодой дєєлєрдїн єз ара кагылышы, аты кары менен жашка бирдей белгилїї эки алптын жу№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл

мурай журттун кєз алдында жєєлєшкєнї эле. Ушул сыяктуу бир кєрїнїш “Манаста” Жолой менен Кошойдун апта бою созулган кїрєшїндє кездешет го (мен бул жерде жогорудагы эки инсандын бирин да терс каарман кылып кєрсєткїм келбегенин да эскерте кетейин). Анан калса бул чоў талаштын башы да “Манастан” улам башталбадыбы. Ал эми “Манас” биздеги ыйыктан ыйык тема го, ага кимде-ким сєємєй кезеп, тилин агытса, ага кечирим да, мээрим да болбойт эмеспи. Айтор, Токомбаев менен Айтматовдун 1987-жылкы талашы айласыздан элди экиге бєлдї, бир тарабы Аалыке тарапта болсо (ал кишинин адабият майданындагы ат кєтєргїс аброюна ким шектенди эле?), бир тарабы Чыкебизге ооп, Кыргызстан заматта уудуу тїшїп, ал ортодо эч качан айтылбачу кептер да айтылып кеткен болчу. Баарынан кейиштїїсї, ал талаштын тамыры идеология менен, баягы каран калган “саясий ката” менен тутумдаш эле. Демек, бул кармаштын жыйынтыгы да єтє олуттуу саясий баа же жыйынтык менен аякташы керек болчу. Эгер ал учур 30чу же 40-жылдардай катуу болгондо “ката” кетирген тарап эў кеминде Касым Тыныстановдун кебетесин киймек. Же партиядан айдалып, “эл душманы” катары Солженицын же Ростропович сыяктуу чет жерге кєчїп кетишке аргасыз болмок. Кудайга шїгїр, 1987-жылы кантсе да СССРди демократизациялаштыруу кызуу жїрїп жаткан кез болчу, ошондуктан кандай жыйынтык чыкканда деле калпак кетсе да, баш кетмек эмес. Бирок биз кийин гана билген маалыматтарга караганда, бийликтин максаты абдан эле алыска багытталган опурталдуу максат болгон сыяктанат… Чатак “Манастан” башталып, аны ортого алып чыккан Аалы Токомбаев болуп, бирок чатактын аренасы негизинен борбордук (москвалык) гезиттердин бетинде болду. Кептин ток этерин айтсак, Аалыке эмнегедир Сагымбай Орозбаковдун Чыўгыз Айтматов редакциялаган вариантына тїп кєтєрє каршы чыгып, андан улутчулдукту, жаш муундар їчїн єтє зыяндуу элементтерди кєрдї. Айрыкча Манас баатыр баштаган Чоў казаттан биздин адабияттын классиги советтик-кытайлык мамилелерге доо кетире турган фактыларды кєрдї. Манас баатыр кээ бир учурларда “канкор” аталганына да катуу кєўїл бурду. Ошентип, Аалыке Айтматовго каршы єзїнїн чоў казатын баштады. Кудай бетин салбасын, “Кыргызстан маданияты” жумалыгынан баштап кєп миллиондуу тиражы бар “Комсомольская правда” гезитине чейин pro жана contra кейпиндеги макалар жайнап кетти. “Письмо А. Токомбаеву” деген редакциялык макала жарыяланган “Кыргызстан маданиятын” боо-боо кылып сатып алгандар болду. Ырас, адегенде Чыке тарабындагылар Аалыкеге каршы абдан катуу, керек болсо абдан эле орой жазылган макалаларды жарыялап жиберсе да, бара-бара “Жамийланын” атактуу авторуна карата чабуулдар басымдуулук кылып, ал чабуулдар жергиликтїї гезит беттеринде эмес, ошол эле бїт Советтер Союзу окуган “Комсомольская правда”, “Известия” гезиттеринин бетине чыга баштады. Л. Шипитько, В. Романюк сыяктуу журналисттер Айтматовго каршы ачык согуш жарыялап, кыргыз жазуучусун эки жїздїї, кыргыз тили тууралуу маселени жок жерден дуулдатып ийген улутчул катары кєрсєтїп ийишти. Ошондо гана Чыкеге каршы атакалардын ары жагында бери болгондо Кыргызстанга Москвадан “десант” катары келген Киселев, Рябоконь, Василенко сыяктуу партократтар турганы билинген болчу. Ошондо бул “десант-

тын” кысымына жаны ачыган Чыке чоў партиялык жыйында ушул їчєєнє ачык кайрылып, “Кана, ачабыз деп убада кылган Фрунзедеги кыргыз мектептери?” деп трибунадан суроо салган эле. Бул сыяктуу эпизоддор азыр айтсаў катардагы бир кармаш, анча деле мааниси жок майда маселе катары кабыл алынышы мїмкїн, бирок ал кезде мындай нерсени ачык айтуу Манас баатыр Бээжинге аттангандай эле эрдик болгонун баса белгилей кетели. Кыскасы, тили менен дилинен айрылып, акыры тууган энесин атууга батынган маўкурттун образын жараткан, анын себебин тоталитардык идеологиянын кесепетинен кєргєн, бул аркылуу кудайсыз, динсиз, эскини жериген эс-тутумсуз советтик коомдун ишпалдасын чыгарган Чыкени чоў Маскєєдєгї бийликтер кандай болсо да оозун жаап, эл алдында сындыргысы келгени ачык эле. Ал їчїн бир кыргыздын алпын экинчи кыргызга каршы коюп, бирин экинчисине талатып, элди экиге бєлїп, акыры атагы ааламга кеткен Айтматовго ооздук салуу башкы максат болчу. Экинчи жагынан, дал ошол кезде Чыкебизге каршы чабуулду журналисттер эмес, Москванын эў эле мыкты деген окумуштуулары менен сынчы-адабиятчылары улантканын да унутпайлы. С. Аверинцев, В. Лакшин, В. Бондаренко, В. Кожинов сыяктуу аты Союзга белгилїї адабиятчылар ар кандайынан Айтматовдун чыгармаларынан кине таап, ал гана эмес “чыгармаларын кимдир бирєє орусча жазып берет экен” деген ушакты таратканга чейин барышты. Баса, ушул сыяктуу ушак ага чейин улуу жазуучу Михаил Шолоховго да карата айтылганын эскерте кетели. Узун сєздїн кыскасына келсек, бул талаш эми гана алоолоп, аягы абдан эле белгисиз болуп бараткан кезде єзїнєн єзї тынчыды, актуалдуулугун жоготту. Анын себеби адегенде катуу башталган кайра куруу саясаты да тамамына чыгып, Айтматов сыяктуу ички диссидентердин эсебин тапмак тїгїл Михаил Горбачев кантип Союзду ыдыратпай сактап калуунун аргасын издеп калган учур башталган. Эгер эсил кайран СССР аман-эсен калып, В. Крючков сыяктуу демократияга каршы кїчтєр бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алганда Чыкебиздин тагдыры кайсы жагына оойт эле, аны бир кудайдын єзї билет. … Чыкебиздин эў эле жакын адамдарынын биринин эскерїїсїнє караганда, 1988-жылы атактуу жердешибизди чоў Союздун КГБсы чындап кармаганга аз калган экен. Кыргызстан жазуучулар союзундагы тєрагалык ордун таштап, Москвага кєчїп кетип, “Иностранная литература” журналына редактор болууга аргасыз болгон Айтматовду жашыруун кызматтар Переделкинодогу жазуучулар їйїнєн кармоого жаўы камынышкан экен. Бирок Чыкеў да кызыр жылоологон киши го, ал кабарды КГБга тиешеси бар бир адам эч нерседен кабарсыз жазуучулук иши менен алектенип отурган кезде тымызын кабар кылыптыр. Кїтїїсїз кабарга аў-таў болгон Чыкеге ошол жакшы санаалаш кишиси дароо Михаил Горбачевго кандай айла болсо да телефон аркылуу чыгып, маселенин чоо-жайын тїшїндїрїїнї сунуш этет. Чыўгыз ага жогорку даражалуу бир таанышы аркылуу СССРдин акыркы президенти менен эптеп байланышып, болгон ишти болгондой кабарлайт. Ошентип, Чыкебиздин опурталдуу жагына ооп бараткан тагдырын Михаил Горбачев оў жагына чечет. Сыягы, башынан кыргыз жазуучусуна кєзї тїз президент КГБнын чоўу В. Крючковго бул жаўжал эмне менен бїтєрїн, ал эмне деген от менен ойногону жатканын жакшылап тїшїндїргєн

окшойт. Кыскасы, маселе дароо тынчып, ошого эле удаа Горбачев Чыўгыз Тєрєкуловичти Люксембургга СССРдин элчилик кызматына жєнєтїп жиберет. Жазуучунун калган тагдыры болсо баарыбызга бештен белгилїї. Эми Аалыкеге келели. Кандай вариант болгондо да кыргыз адабиятынын кышын кынап, пайдубалын тїптєгєн улуу киши эч качан “Манаска” каршы, албетте, чыкмак эмес. Тилекке каршы, Аалыкени башка кїчтєр пайдаланып кетти. Бул жерде учугу Кремлге барып такалган чоў саясат ойноп кетти. Болбогон жерден атактуу “Кандуу жылдар” менен “Жараланган жїрєктїн”, “Кїїнїн сыры” менен “Дааттын” автору эл астындагы аброюна шек келтирип алды. Бирок заман єзгєрдї, муундар алмашты, кєп нерселер унутулду. Аалы Токомбаевдин адабияттагы аброю баары бир кайра ордуна келди. Анын улуттук маданиятыбыздын, адабиятыбыздын алдындагы зор эмгегин эч ким жокко чыгарган жок, жокко чыгаруу мїмкїн да эмес эле. Маселен, мен Аалыкенин опера театрынын тике маўдайындагы жакшы чыккан эстелигине ары-бери єткєн сайын таазим кылып єтєм. Айтпаса да тїшїнїктїї го, адабиятыбыздагы эки алптын кармашы биринчи кезекте ошол экєєнє зыян кылды. Чынчынына келгенде ал талаштан эч ким уткан жок. Ошол талаштан кєп єтпєй Токомбаев агабыз а дїйнє салды. Жашы улгайган киши їчїн ошондогудай кырчылдашкан кармаш канча нервин жеди, тынчын алды, упуратты, ал кимге да болсо тїшїнїктїї нерсе го. Ал талаштын айынан Чыўгыз Айтматов Москвага которулуп, андан ары чет єлкєгє кызматка кетти. Жогоруда айтылгандай, аз жерден советтик КГБнын курмандыгы боло жаздады. Андан бери далай суулар агып, нечен иштер баштан єттї. Азыр арабызда экєє теў жок. Бирок экєєнїн теў портрети керегебизде илинїї. Катар илинїї. Анткени биздин ашып аткан дїйнєбїз же батпай аткан таланттарыбыз жок. Элибиздин ичи, журтубуздун даргєйї кеў, экєєнє теў орун жетет. Экєє теў бизге кымбат, экєє теў маданиятыбыздын нак тєрїнєн орун алганга татыктуу. А эгер биз билген же билбеген кемчилик, кїнєєлєрї, кудай алдында, замандаштарынын алдында кылапаттары болсо аны теўир єзї тергейт. Бирок ошол 1987-жылкы кагылыштын эки дєєнїн кагылышынын изи чоў тарыхтын барагында тїбєлїккє калды. Жакшы тарыхпы, жаман тарыхпы ал биздин тарых экен, биздин єтмїшїбїз экен, аны айта жїрїш, эске сала жїрїш улам жаўы муундун милдети экен. Ошол себептен ушул эссе жаралды… Осмонакун ИБРАИМОВ


ЖЕРГИЛИКТЇЇ ЖАЎЫЛЫКТАР ЖОГОРКУ КЕЎЕШ ЖАШОО ШАРТЫ ООР БАЛДАРГА 100 МИЎ СОМДОН ЖАРДАМ БЕРДИ

Жогорку Кеўештин тєрагасынын орун басары Надира Нарматова баштаган депутаттар Роза Акназарова, Эристина Кочкарова жана Наталья Никитенко 1-июнда кароосуз калган балдар тарбияланып жаткан Бишкек шаарындагы Республикалык балдарды калыбына келтирїї борборунда болушту. Бул тууралуу Жогорку Кеўештин басма сєз кызматы билдирди. Депутаттар борбордун тарбиялануучуларын Эл аралык балдарды коргоо кїнї менен куттукташып, Жогорку Кеўештин Тєрагасынын Резервдик фондунан 100 миў сом єлчємїндє жардам тапшырышты. Салт болуп калгандай, балдардын жайкы мезгилде Жогорку Кеўешке караштуу Ысык-Кєлдєгї «Алтын-Кєл» пансионатында эс алуусу їчїн 70 жолдомо берилди. Андан сырткары, балдардын майрамына карата белек-бечкектер да тартууланды. Вице-спикер Н.Нарматова балдарга жакшы таалим-тарбыя алып чыгып, єз мекенинин чыныгы атуулдарынан болуп жетилїїсїнє тилектеш экенин айтты, ал эми алардын тарбыячыларына кароосуз калган балдарга камкордук кєрїп, таалим-тарбыя берип жатканы їчїн ыраазычылык билдирди. «Балдар – биздин келечегибиз. Кандай гана мамлекет бол-

босун, анын жетишкен ийгилиги калктын чабал катмарына кєргєн камкордугу аркылуу бааланат», - деди ал. Жогорку Кеўештин тєрагасынын резервдик фондунан 100 миў сом єлчємїндє жардам Эл аралык балдарды коргоо кїнїнє карата Нарын шаарындагы жетимдер, турмушу начар їй-бїлєлєрдєн чыккан балдар тарбияланып жаткан У.Асанов атындагы лицей-интернатка да берилди.

КЫРГЫЗСТАНДА КЫЗАМЫККА КАРШЫ ИММУНОПРОФИЛАКТИКА БОЮНЧА УЛУТТУК КОМПАНИЯ ИЙГИЛИКТЇЇ АЯКТАДЫ, министр Т.Батыралиев

Кыргызстанда кызамыкка жана кызылчага каршы иммунопрофилактика боюнча Улуттук компания ийгиликтїї аяктады. Бул тууралуу 4-июнда КРнын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Анын айтымында, кампанияны єткєрїї боюнча чоў иштер жасалды: 4580 медициналык кызматкерлер окутулуп, 2452 чыгуу бригадалары уюштурулду. Мамлекеттик администрациялар, министрликтер менен ведомстволор мобилизацияланды. «Республикада 2 млн 45 миў 518 адам эмдєєдєн єттї, бул эмдєєдєн єтїшї ке-

"МАДИНА" БАЗАРЫНДАГЫ ЦЕХТЕН ЄРТ ЧЫКТЫ

КЫТАЙ ЖАРАНДАРЫНА МЫЙЗАМСЫЗ ПАТЕНТ БЕРЇЇНЇН БЕТИ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗСТАНДА ТОГУЗ ЖЫЛДА 92 ЄСПЇРЇМ ЗОМБУЛУКТАН КАЗА ТАПКАН Бул тууралуу Бишкекте єтїп жаткан “Баланын їй-бїлєдє жашоо укугу” аттуу Улуттук форумда социалдык єнїктїрїї министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, балдарга карата жасалган зомбулук жакыр їй-бїлєдє эле болбойт. “Ушул кезге чейин єспїрїмдєрдїн кордолушу ар бир їй-бїлєнїн ичиндеги сыр катары саналып, коомчулукта ашкереленбей келген. Эми мамлекеттик деўгээлде аларды социалдык жактан коргоо боюнча программалар иштелип чыгат”,- деди Базарбаев. Аталган форумга премьер-министр баш болгон єлкє жетекчилери, укук коргоочулар жана эл аралык уюмдардын єкїлдє-

2030-ЖЫЛГА ЧЕЙИН КРНЫН КАЛКЫНЫН САНЫ 7,5 МИЛЛИОНГО ЖЕТЕТ, МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ А.АСАНБАЕВ Божомолдорго ылайык, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын саны 7,5 миллионго жетет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев «Борбор Азиядагы миграция маселелери» аттуу эл аралык конференцияда билдирди, деп маалымдайт Жогорку Кеўештин басма сєз кызматы. Расмий маалыматтарга ылайык, бїгїнкї кїндє єлкєдє 5,8 миллион киши жашайт. 2030-жылы демографиялык єсїштїн эў бийик чеги катталат, бирок андан ары калктын саны азаюуга бет алат деген божомол бар”,- дейт ал. Министрдин орун басары Кыргызстан калкынын болжолдонгон 7,5 миллионунун 2,5 миллиону эмгек миграциясынын жагдайларынын бири болгон турак жай сатып алуу, куруу маселесине туш болоорун кошумчалады. “Єкмєттїн милдети - чет єлкєлєргє кеткен калктын агымын азайтуу”,- дейт ал. А.Асанбаев Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясатынын бир катар артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Алсак, анын айтымында, биринчи артыкчылыктуу багыт экономикалык жигердїїлїктї жаратууда жана колдоодо,

КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК рї катышууда.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Єрт єчїрїї кызматынан билдиришти. Аталган кызматка тїшкї 13.30да єрт тууралуу маалымат келип тїшкєн. Учурда беш машине базардын жанындагы цехтен чыккан єрттї єчїрїїдє. Учурда ал эмнеден келип чыкканы жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Жолдогу ремонттон улам, автотыгын жаралып, єрт єчїрїїчї унаалар кечигип келгенин кїбєлєр интернетке жазууда.

рек болгондордун 96�ын тїзєт. Бїгїнкї кїндє 10-12 учурдан катталууда, оорунун туу чокусу кїнїнє 256 учурга чейин катталганда белгиленген. Биргелешкен аракеттер менен бул эпидемиологиялык очоктун алдын алууга жана жоюуга мїмкїн болду», - деди ал.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргызстанда иштєє їчїн Кытайдын 39 жаранына мыйзамсыз патенттерди берген. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын маалымат кызматкери Санжар Абжалов билдирди. “Чет єлкєлїктєрдїн Кыргызстанга мыйзамсыз келип, ишкердик жїргїзїїсїнє жана тиешелїї салыктарды тєлєбєгєндїгїнє байланыштуу єлкє казынасына 3,5 миллион сомдон ашуун зыян келген. Ага министрликтин жетекчи кызматтарында иштегендер єбєлгє болушкан”, деди Абжалов. Кызмат абалынан кыянат пайдалануу, жасалма документ жасоо, мыйзамсыз ишкердик беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергєє жїрїїдє.

«Биз бул боюнча облустук сотко кайрылабыз. Адамды атып єлтїргєн кылмышкер 9 жыл гана эркинен ажыратылып жатат. Соттун єкїмїнє канааттанган жокбуз. Адилеттїї чечим чыгышы їчїн тийиштїї кызмат адамдарына кайрылабыз», - деди Жеўишбек Бектемиров. Мурдараак маалымдалгандай, 2014жылдын 6-июлунда саат 14:00 чамасында Кара-Кулжа районунун Буйга айылынын тургуну Кеўешбек Бектемиров єзїнїн автоунаасы менен Беш-Кемпир айылындагы жол аркылуу Кєк-Кыя айылына бара жаткан. Кїтїїсїздєн жолдон эркек адам чыгып, курал менен коркутуп, унааны токтотууну жана айдоочуну унаадан чыгууну талап кылган. Андан соў ок атылып, айдоочу белинен жаракат алган.

КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНДА БАЖАСЫН АТЫП ЄЛТЇРГЄН ЖАРАН 9 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун жашоочусу Кеўешбек Бектемировдун єлїмїнє шектелген бир тууган бажасы Алимжан Жолдошов Кара-Кулжа райондук соту тарабынан 9 жылга кїчєтїлгєн режимге эркинен ажыратылды. Бул тууралуу каза болгон жарандын бир тууганы Жеўишбек Бектемиров билдирди. Анын айтымында, каза болгон жарандын туугандары соттун єкїмїнє нааразы болууда. Алар 10 кїндїн ичинде Ош облустук сотуна кайрылат.

Жарадар болгон адам Кара-Кулжа райондук аймактык ооруканасына жєнєтїлгєн жана ал ок тийген жеринен кан чыгып, кан жоготуудан улам каза болгон. Ал эми ок аткан адам окуя болгон жерден качып кеткен. Бул факт боюнча ыкчам иликтєєлєр жїрїп, анын жїрїшїндє адам єлтїрїїгє шектїї катары 41 жаштагы Ж.А. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-

11 анын ичинде калкка жумуш берїїдє жана жумуш орундарын тїзїш їчїн базалык шарттарды тїзїїдє турат. “Экинчиден сырткы эмгек рыногунда ресурстарды натыйжалуу башкарууга, ошондой эле сырткы рыноктордо Кыргызстандын жарандарынын атаандаштыкка туруштугун арттырыш їчїн шарт тїзїїгє жана алардын укуктарын бардык жактан коргоого артыкчылык берилет”,- деп белгиледи ал.

МАДАНИЯТ МИНИСТРИ А.МАКСЇТОВ ЄЗЇНЇН ОРУН БАСАРЫНЫН КАРМАЛЫШЫ БОЮНЧА КОММЕНТАРИЙ БЕРДИ

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максїтов Tazabek басылмасына єзїнїн орун басары ишмердїїлїгїн текшерїїнї токтотушу їчїн ИИМ кызматкерине 2 миў доллар єлчємїндєгї пара жана Ысык-Кєлдєгї пансионатта бекер эс алып келїїнї сунуштагандыгы їчїн кармалуусу боюнча комментарий берди. Министрдин айтымында, алар чогу 7 ай иштешкен. Буга чейин да «Бїткїл дїйнєлїк кєчмєндєр оюндарында» чогу иш алып барышкан. «Мен аны жакшы билем. Ал туризмди єнїктїрїї боюнча жаўы креативдїї идеяларды сунуштаган. Мен кармалгандыгын билдим, жыйынтыгын иликтєєдєн кийин билебиз. Ал мындай барбайт болчу деп ойлойм», - деп деди министр. жаза кодексинин 97-беренеси (Адам єлтїрїї) боюнча кылмыш иши козголгон.

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДА 57 ЖАШТАГЫ ЖАРАНДЫ 28 ЖАШТАГЫ БЄТЄЛКЄЛЄШЇ ТЕЛЕФОНУН УУРДАГАНДЫГЫ ЇЧЇН САБАП ЄЛТЇРДЇ

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында 57 жаштагы жаранды 28 жаштагы бєтєлкєлєшї телефонун уурдагандыгы їчїн сабап єлтїрдї. 4-июнда Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери аймактык кабарчыга билдиргендей, 1-июнда Кадамжай шаарында жашаган 1987-жылы туулган А.А. атуу жаран Кызыл-Кыя шаарына барган. Спирт ичимдигин ичкен соў туруктуу жашаган жери жок кызыл-кыялыктар менен бирге тїнєгєн. Эртеси, 2-июнда анын уюлдук телефонун туруктуу жашаган жери жок жарандын бири уурдап алган. Уюлдук телефонун уурдаган бєтєлкєлєшїн тапкан А.А. андан телефонун кайтарып берїїнї талап кылып, кєп убакытка чейин сабаган. Андан качкан жергиликтїї тургун жашырынууга аракет кылып, жолдун боюна жыгылган. Жабырлануучу жыгылган жеринде каза болгон. Учурда бул факты боюнча Кадамжай шаарынын 28 жаштагы тургуну камакка алынып, кылмыш иши козголду. "Айбат пресс"

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл


12

Кечиккен бактым ойго салды... келген чыгаар. Анан аялы да, апасы да кєгєрїп, ага єчєшїп кєўїл бурбай коюшат экен. Бирок, акыркы кїндєрї такыр чыдай албай калганын айтып ыйлап алды. Байкуштун боюнда да бар экен. Ага боорум ооруганы менен баары бир аны унута албай кийин аны сулуу чїрєк менен кєрїп калып, Аслан мени менен тааныш эместей кєрмєксєнгє салып басып кеткенде гана їмїтїм їзїлдї. Андан кийин дагы эки жыл кантип єткєнїн байкабай калдым. Артымдан калбай ээрчип, кымбат белектерди берип, жїрєгїн арнап жїргєн узун бойлуу, жылдыздуу Тилекти эмнегедир такыр сїйє албай койдум.

Кыз бала болгондон кийин турмушка убагында чыгып эрте эле орун алып калганы жакшы экен. А мен болсо бул нерсеге анча маани бербей бир гана карьера деп жїрїп, бир топ убактымды єткєзїп жибериптирмин. Ошол кезде мен їчїн биринчи орунда карьера болчу. Кєрсє, аял заты їчїн башкы нерсе бул-їй бїлє тураарын кеч тїшїндїм. Бул убакка чейин турмуш куруу тууралуу кєп эле сунуштар болсо да эмнегедир кєп ойлонбоптурмун. Отуз жаш курагымда сїйїїгє кабылып бирок, андан да бактысыз болуп калдым. ЭМНЕ ЭЛЕ МЕНИ ЇЙДЄГЇЛЄР УРУША БЕРИШЕТ? Билимдїї їй-бїлєдє чоўоюп, мектепте жакшы окудум. Атам да, апамда кесиби боюнча сый-урматка ээ болгон мыкты дарыгерлер. Їйдїн улуу кызымын. Єзїмдєн кичїї їч сиўдим, бир иним бар. Їйдїн улуусу болгонго жумуштун кєбїн єзїм жасап, сиўдилеримди эркелетип чоўойттум. Анан бир нерсе туура эмес болуп калса эле апам менен атам мага асылат да калат. Кєрсє мен ошондо эле, “эмнеге мени мынча жаман кєрїшєт” деп ойлоп калчы экенмин. Анан єзїмдї жоопкерчиликтїї сезип, кыштын кычыраган кїндєрїндє Ош базарына барып алып, калемсап, дептер сатып иштегенимди апам билип калып абдан урушчу. Же акча жетпейт деп мени жемелегенин да койчу эмес. Ошентип 11-классты аяктап, жогорку окуу жайга тапшырып калдым. Окшош кїндєр єтє берди. Башкалардан бир топ сулуу болсом да абдан тартынчаак кыз элем. Тєртїнчї курска келгенде гана Бишкекке келген чет элдик коноктор менен иштеше баштадым. Атайын компаниялар менен сїйлєшїп, тааныштарым кєбєйїп калган эле. Ошондо гана ачылып, жакшы кийинип, сулуулук салондоруна бат-бат бара баштадым. Бешинчи курсту аяктап жатканда, эў кооз кєйнєктї кийип, эў сулуу болуп балдардын баары мага гана кєўїл бурганы жакшы эсимде. Ал кїндєрдєн баштап депутаттын балдарына чейин колумду сурагандар болду. Болгону єзїм ыўгайын таап, алардын бирин да кармап кала алган жокмун. Ал кезде дайыма ушундай сулуу болуп жїрє берем деп ойлосом керек. Убакыт єткєн сайын їйгє батпай, єз апам, сиўдилерим менен тил табыша албай кыйналып кеттим. Тапкан акчамды єзїмє эмес аларга коротчу болдум. Бир аз жакшы кийим алып алсам эле, мага таарынып калчу апам. “Андан кєрє їйгє азык алып келсеў эмне болмок” деп, кир жуулбай, їй жыйналбай калса да мени кїнєєлєп баштачы. Мен мурдагы кичинекей кыз эмес элем. Эми єзїмдї єзїм багып, кенен басып калгам. Туура эмес сїйлєшсє, їйдєгїлєрдїн жообун кайтарып айтышып, акыры такыр тил табыша албай калдык. Жадап кетип, єз їйїм болсо да башка жакка батирге чыгып алдым, кулагым тынч, кєўїлїм ток болуп бир аз жеўилдеп калгансыдым. Ошондо деле аларга колумдан келген жардамымды берип жїрдїм. АЛГАЧКЫ СЇЙЇЇМ Арадан убакыт єтє берди. Кыздар менен сейилдеп жїрїп балдар менен таанышып калып Аслан деген баланы абдан жактырып калганым эсимде. Ошондо гана эў биринчи жолу ушул ыйык сезимдерге ээ болгонумду сездим. Экєєбїздїн жылдыздарыбыз келишип калгандай болгону менен ал экєєбїз ар кандай себептерден улам ажырашып калдык. Жїрєгїмє чоў їмїттї жандырып койгон табышмактуу жигитти кийин беш жыл кїттїм. Башка балдар менен жїрсєм да аны издей берчїмїн. Акыры ага жолугам, ушул кичинекей Бишкектен кантип кезигишпей калалы деп кїтїп, издеп жїрє бердим. Ортодо

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл

канча балдар сїйїїсїн арнап, колумду сурап, эмне гана кылышкан жок. Баары бир жїрєгїм аларга орун бербей койду. Мен єз ата-энем менен тил табыша албай кєп ойлоноор элем. Жаўы їйдєн бєлїнїп алганда ойго кєп батып, кєзїмдїн айланасында бырыштар пайда болгонун байкасам да кєўїл бурбай жїрє бериптирмин. Эртеден кечке жумуш болуп, єзїмдї караганга деле убакыт болбосо керек. Єзїм мектепте англис тилинен сабак берчїмїн, кайра сабактан чыгып алып, балдарымдын їйїнє барып кошумча сабак єтїп, айтор, баскан турганыма кенен эле акча тапчумун. Ошондо эле кенен жашаш кыйын болчу. Ошол кїндєрдїн биринде бир баламдын їйїнєн чыгып келе жатсам баягы мен канча жылдан бери кїткєн Асланым турат жылмайып мени карап. Кєргєн кєзїмє ишенбей сїйїнїп кеткеним, ал тургай жыргап алганым да жакшы эсимде. Кєрсє ал мени кєрїп калып, кїтїп туруптур. Экєєбїз учурашып болуп, анын машинасына тїшїп алып, кафелердин бирине барып кечке сїйлєшїп олтурдук. Андан кийин эки жолу жолугушуп, мени їйїнє конокко чакырып калды. Їйїнє барып, чай ичип олтурсак апасы кирип келип, мени жаман кєздєрї менен карап бєлєк бєлмєгє кирип кетти. Аслан їйдїн жалгыз баласы, апасынан башка эч кимиси жок экенин жакшы билет элем. Анан экєє-

бїз теў ыўгайсыз абалда калып, ал такси чакырып мени салып жиберди. Мен аны ушунча жылдан бери кїтїп, издеп жїрбєдїм беле. Эмне їчїн апасы мени кабыл алган жок? Кєп ойлор кеткени менен, жїрєгїм дале жылып турду. Ошол менен Аслан мага чалганын токтотту. Анан єзїм чала баштадым. Ошол кїндєрдїн биринде телефонду абдан назик їнї менен жаш кыз алгандай болду. Асланды сурасам, “сиз кимсиз?” деп мага кызыгып калды. Мен дагы анын ким экенин сурасам, анын аялы болоорун камырабай айтып берди. Кызганып да койгон жок. Анан їйїндє жалгыз экен. Жїрєгїм ооруп, абдан кыйналып кеттим. “Аслан мага бул жєнїндє айткан жок эле, кечирип кой” десем, “кечирим сурабай эле коюўуз, апам мага баарын айтып берди, ал биринчи жолу мындай кылган жок” деп їнї кырылдап кетти. Мен дагы эптеп єзїмє келип, “кандайча?” деп сурап калсам, аябай буулугуп калыптыр, тааныбаган эле мага арманын айтып салды. Кєрсє ал Асландын апасынын жакын курбусунун кызы Асландан он жаш кичїї экен. Башында кєрїп абдан жактырып, апасынын да каалоосун аткаргысы келип дароо їйлєнгєнї менен бара-бара чїрєктєрдїн кєўїлїндє жїргєн Аслан жаш аялы менен тил табыша албай, акыркы кїндєрї їйгє ачык эле кыздарды алып келе баштаптыр. Мїмкїн аялынан ошентип кутулгусу

АЛ МЕНИ КЫЗГАНГАНЫНА СЇЙЇНЇП ЖЇРЄ БЕРИПТИРМИН Башында эле Тилектин жогорку билими бар болгону менен жумушу жок экенин, ичкилик менен да достошоорун жакшы билгем. Бирок єзїн абдан тыкан алып жїрчї. Ичсе деле аны ичкен адам деп эч ким ойлочу эмес. Ушул эле жетишпеген эки сапаты болгону менен, абдан бала кыял, романтик болчу. Экєєбїз бактылуу кїндєрдї єткєрє баштадык. Башында кєп маани бербей жїргєн болсом, акыры мен ансыз жашай албасымды тїшїндїм. Жашым єтїп бара жатканынан картайып кете элегимде їйлєнбєсєк да сїйїктїїмдєн тєрєп алгым келди. Мїмкїн мага їйлєнєт чыгаар деп да ойлондум. . Убакыттын єтїшї менен Тилек мени мурункудан да катуу сїйїп, жанына чыгарбай калды. Сїйїїбїз, ыйык сезимдербиз мурункудан да кїчєп, арылгыс болуп калганымды сездим. Ошентип сїйїшїп жїрїп арадан бир жыл кантип єткєнїн билбей калдык. Ал дагы деле жумушка кирген жок. Кээде гана досторуна жардам кылып, акча таба калган жери болбосо ал акчаларынын деле четин кєрчї эмесмин. Алса єзї кийинип, ден- соолугуна кам кєрчї. Мен батирде жалгыз тургандыктан акыркы кїндєрї чогуу жашап калганбыз. Ичкен жегени менден болуп, баары бекер. Ага деле мейли дедим. Жаш баладай аны сїйїп, кєрїнгєндєн мени кызганганына сїйїнїп жїрє бердим. Мына ушундай кїндєрдїн биринде биздин бактыбызга балта чабылды. Айтайын дегеним кїтпєгєн жерден мага бир кыз чалып “Тилекти жайына кой анын баласы бар экенин билбейсиўби, мен аялы болом” деп дагы кєп сєздєрдї айтты. Анда Тилек бир жака кеткен болчу. Мен эмне кылаарымды билбей, бул сєзгє ишенээримди же, ишенбесимди билбей бир топко чейин башым маў болуп эле туруп калдым. Кечинде Тилектин келишин аябай кїтїп жаттым. “эгерде ал келип ооба, чын ал менин аялым” десе мен эмне болом, дагы ушинтип экинчи сїйїїмєн айрылып каламбы ансыз мен кантип жашайм” деген эле ойлор такыр кетпей койду. Ошентип, Тилек дагы келип калды. Ал келгенде сєздї эмнеден баштаарымды билбей турдум. Тилек муну байкап калдыбы айтор “сага эмне болду эмнеге кыжаалат болуп жатасыў оюў башкада го” деди. Мына ушул учурдан пайдаланып баарын айтып бердим. Ал болсо эч камырабастан “Ооба ал менин аялым їч жаштагы балам бар” Ал азыр Таласта турат бирок мен сенден дагы ал аялыман дагы кол їзгїм келбейт деп ойлуу отуруп калды. Тилек экєєбїз ажылдашып деле урушкан жокпуз. Мен дагы унчукпай отурдум. Эми мен эмне кылышым керек Тилектен да ажырагым келбейт, Бирок бирєєнїн бактысы менен бирєє жашай албайт да. Турмуш жолум ушинтип кеч башталса да бактысыз болуп калдым. Мага эмне жараткан сїйїїдєн бак айткан эмес. Ушундай ара жолдо калдым. Меникиндей тагдырды кыздардын бирине да каалабайм. Андыктан балдар менен сїйлєшкєндє олутту мамиле кылып ал жєнїндє жакшылап билип анан турмушка чыккыла деп айткым келет. Аймончок БЕРДИБАЕВА


ДЕН-СООЛУК

КАЙДА, КАЧАН ? Кондиционер – англис сєзї. «Аir» — «аба» жана «condition» — «абалы» дегенди билдирет. Кененирээк мааниде «бєлмєнїн ичиндеги абаны керектїї температурада кармап туруу» деп тїшїнсєк болот. Учурдагы кондиционер тїшїнїгї алгач 1815-жылы француз окумуштуусу Жанн Шабаннес «абаны кондиционерлєє» методун ишке ашыруу їчїн британиялык патентине ээ болгон мезгилден баштап пайда болгон. Бирок бул ишке ашкан эмес. Алгач кондиционер бєлмєнїн ичин муздатуу їчїн эмес, басмаканасындагы нымдуулукту азайтуу максатында 1902-жылы америкалык окумуштуу Уиллис Карриер тарабынан ойлонуп табылган. Биринчи ирет 1929-жылы гана америкалык «General Electrik» компаниясы тарабынан чыгарылган. «Ceneral Elektrik» компаниясы тарабынан кошулмасында адамдын ден соолугуна зыяны жок деп эсептелген аммиак колдонулуп алгачкы “сплит-систем” їлгїсїндєгї кондиционерлер чыгарылып, кєчєлєргє орнотула баштаган. Бирок анын адам їчїн зыяндуу жагы кєп болгон. Кєп убакытка чейин абаны желдетїї жана кондиционерлєє технологиясынын їлгїлєрїн ойлоп табуу иши америкалык илимпоздорго гана тийиштїї болуп келсе, 50-60-жылдары япониялык окумуштуулар тарабынан башкача тїрлєрї чыгарыла баштаган. 1958-жылы япониялык «Daikin» компаниясы тарабынан жылуулук сордургуч каражаты єндїрїлїп, имараттарга муздак жана жылуу абаны їйлєп туруу їчїн орнотула баштаган. 1981-жылы япониялык «Toshiba» компаниясы тарабынан кубат-

туулугун кєзємєлдєй турган алгачкы сплит-системалык кондиционерлер чыгарылып, 1998-жылы ал дїйнєлїк базардын 95 пайызын камсыз кылган. Ошондон бери кондиционерлер улам єнїктїрїлїп, заманбап тїрлєрї чыгып келет.

ТАНДОО, ОРНОТУУ ЖАНА КОЛДОНУУ Кондиционер алардын алдында биринчи кезекте бєлмєўїздє анын жайгаша турган ордун тактап алганыўыз дурус. Бєлмєўїздє абанын тегиз тарашына, ысыкты же муздакты кєрсєткїчїнїн эффективдїї иштешине жана ар тїрдїї ооруларды алдын алуунун баары кондиционерди туура орнотуу жана тандоодон кєз каранды. Кондиционерлерди орнотууда же монтаждоонун эрежелери так болбой бузулса анда адамдын ден соолугуна тескери таасирин тийгизип єзїнїн зыянын тийгизиши мїмкїн. Їйлєрдє же кеўселерде кондиционерди монтаждоо милдеттїї тїрдє керебеттин же дивандын артында болуусу шарт. Анткени жашоочулар же кызматкерлер муздак аба агымынын кїчтїї толкунуна кабылбашы керек. Ошол эле убакта кондиционердин ички бєлїгїн шкафтын, эмеректин же башка нерселердин артына катып орнотууга болбойт. Мындай учурда бєлмєдє абанын туура эмес тарашына, минималдуу кєрсєткїчтє иштешине жана сиздин электр энергиясына болгон чыгымыўыздын жогорулашына алып келет. Кондиционердин ички бєлїгїн орнотууда анын їстї жагы менен шыптын ортосу сєзсїз 10-15 см болушу керек. Бєлмєнїн ичиндеги абанын температурасы сырттагы температурадан 5 гана

градус айырмаланып турушу керек. Унааларда жана имараттарда кондиционерди керектїї температурага акырындык менен алып келїї маанилїї. Дароо катуу муздатып жиберген туура эмес. Анткени єтє ысып туруп бат муздоо ооруга чалдыктырат. Кондиционердин абаны алмаштыруу функциясы болбогондуктан, убак-убагы менен бєлмєдєгї терезени ачып желдетип туруу керек. Бул учурда кондиционерди єчїрїп коёсуз. Абанын тынымсыз айланып турушунан адамдын териси жана былжырлуу чел кабыгы мурундун, тамак кургайт. Ошондуктан кондиционерди узак убакыт колдонууда мурунду деўиз суусу же кадимки суу менен чайкап туруу пайдалуу. Демек, кондиционерди эрежелерге ылайык туура колдонсо, ысыкта бизге салкын аба тартуулап сергитип, ден-соолукка зыянын тийгизбейт Кондиционерди туура эмес жерге орнотуу жана кєрсєтїлгєн мерчемден жогору же тємєндєтїлгєн кєрсєткїчтє колдонуу адамдын ден соолугуна оор залакасын тийгизиши мїмкїн.

ПАЙДАСЫ, ЗЫЯНЫ Кондиционердин оў жана терс жактары боюнча эки ача кайчы пикирлер айтылып келет. Айрымдары ден соолукка зыян дешсе, кээ бирлери эч кандай зыяны жок экенин айтышат. Ал эми анын ден соолукка тийгизген таасири колдонуу эрежелерин сактоодон кєз каранды боло тургандыгын эске алып коюу маанилїї. Биринчи коркунуч бул сасык тумоо оорусуна чалдыгып калуу. Сырттан мээ кайнаткан ысыктан кондиционер бар

13

жерге келгенде дене тез арада їшїп кетет. Мындай убакта сасык тумоо, ангина жана башка оорулардын туткунунда калышыўыз мїмкїн. Жєтєлїї же бир башка оорунун жеўил тїрї байкалса медицина адистерине кайрылыўыз. Болбосо єпкєўїздї суук тийїїдєн сактап калуудан кечигип каласыз. Маал-маалы менен тазалап жана фильтрин алмаштырып туруу керек. Негизи эки жумада бир жолу фильтрди тазалап, їч айда бир жолу алмаштыруу шартталган. Абаны нормалдуу жана сапаттуу фильтрлєє їчїн єндїрїїчї фирманын кєрсєтмєсї боюнча ар бир мезгилдин башталышында тейлєєчї адисти чакырып каратып турганыўыз оў. Абанын тынымсыз айланып турушунан адамдын териси жана былжырлуу чел кабыгы (мисалы, мурундун, тамактын) кургайт. Андыктан кондиционерди узак убакыт колдонууда мурунду деўиз суусу же кадимки суу менен чайкап туруу керек (бул былжырларды бир калыпта кармоо їчїн зарыл) Кондиционерден чыккан аба адамдын бетине, бєйрєгїнє, белине багытталбаш керек. Тынымсыз согуп турган жел алгач сасык тумоодон баштап ар кандай оорунун башаты болуп чыга келет. Кондиционерди маал-маалы менен єчїрїп эс алдыруу керек. Аз температурада коюп кїнї бою отура берген кайрадан сиздин ден-соолугуўузга зыян алып келет. Автоунааларда жана имараттарда кондиционерди керектїї температурага акырындык менен алып келїї талапка ылайык (Дароо катуу муздатып жибербєє керек. Анткени єтє ысып туруп бат муздоо ооруга чалдыктырат). Рахатбек Рысалиев

Моюн остеохондроздун биринчи белгилери – далдагы оорулар, баш оору, баш айлануу, кєздєгї “чочун издер”, угуунун начарлашы же ашыкча їндєр жана координациянын начарлашынан улам тїз баса албай, арыбери чайкалуу. Ушунун бары болбош їчїн, остеохондрозду жеўип, ден соолукта болуу їчїн эў жєнєкєй кєнїгїїлєрдї сунуштайбыз. 1. Ээгиўизди моюнга тартыўыз. Башыўызды биринчи оўго беш жолу, анан солго беш жолу буруўуз. 2. Ээгиўизди бираз кєтєрїўїз. Кайра дагы башты беш жолудан биринчи оўго, анан солго буруўуз. 3. Кулагыўыз менен ийиниўизге 5 жолу жеткизе башыўызды оўго жыгыўыз. Ушуну эле солго беш жолу. 4. Башты тїздєўїз. Моюн булчуўдарына бираз кїч келтирип, ээгиўизди моюн алдындагы чуўкурчага алып келиўиз. Ошол эле маалда тєбєўїз жогору кєтєрїлїшї керек. 5. Чекеўизди колуўуздун алаканына коюп, аны тїртїп, моюн булчуўдарын чыўалтыўыз. Кєнїгїїнї 7 секундадан 3 жолу кылыўыз. 6. Моюн булчуўдарын чыўалтып, оў чыкыйыўыз менен оў колуўуздун алаканын тїртїўїз (7 секундадан 3 жолу). Ушуну эле сол жагынан кылыўыз. 7. Ээгиўизди тїз коюп, колуўузду желкеўизге алыўыз. Желкеўиз менен колуўузду басыўыз (7 секундадан 3 жолу). 8. Манжаларыўызды кармаштырып, ээгиўиздин алдына алып келиўиз. Ээгиўиз менен колуўарды 7 секундадан 3 жолу кысып, кармаўыз. Бектур Баймоўолов

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл


14

ДЕН-СООЛУК

Накыл сєздєр

Ìûêòû ñûí÷û - ìûêòû æàçóó÷ó. Абель ВИЛЬМЕН. Социалдык кыйынчылыктар, їй-бїлєлїк, биртуугандык талаш тартыштарды , коллективдик чыр чатакты жєнгє салат. Тибет медицинасынын ыкмасы менен Ян Инди аныктайт, тамыр аркылуу диагноз коюп, Кыргызстандык бийик тоолорунан жыйналган чєптєрдїн 200 тїрї менен дарылайт.

Ïàäûøàëàðäûí êóëàãàíû òûéûí÷àëûê, ìåí ¿÷¿í íàêòû àëààìàò - äûéêàíäûí ºðòêº êåòêåí ¿é-æàéû. Иоганн ГЁТЕ.

Ѻç ò¿ãºíãºí æåðäå - ìóçûêà áàøòàëàò. Эрнест ГОФМАН.

• Карып бараткан беттеги бырыштарды жазат.

Òîî ¿ñò¿íäº êóìóðñêàãà äà êàíàò á¿òºò.

• Тери оорулары: писариаз, экзема, аллергия, буттагы грибок, чакалай, баштагы дермобайт безекти чернес.

Мигель де СЕРВАНТЕС.

• Бронха астма, ангина, кєк жєтєл, туберкулез, ларингит, гаймарит, радикулит, куяў, белдеги грыжа, ич катуу.

Òóðóêòóó áîëãîíäóí êàæåòè àç, ÷ûí÷ûë áîëóø êåðåê. Ральф ЭМЕРСОН.

Óêñóí äåñå¢ - êûéêûðûï àéò, òû¢øàñûí äåñå¢ - øûáûðàï àéò.

×î¢ àêûíäàð ÷ûãûø ¿÷¿í ÷î¢ àóäèòîðèÿ êåðåê.

Франсуа де ЛАРОШФУКО.

Óøàêêà óí÷óêïàñࢠ- ºç¿ ýëå æààãû æàï áîëîò. Публий ТАЦИТ.

×ûíäûê - àøûêïàéò, àíòêåíè, àíûí áàñàð æîëó àëûñ.

Артур ШОПЕНГАУЭР.

Ôàøèçì - áàíäèòòåð îéëîï òàïêàí àëäàì÷ûëûê, àãà æàí òàðòêàí æàçóó÷ó êûñûð êàëãàí äàðàêòàé.

Уолт УИТМЕН.

×ûíäûê - äàéûìà ýíåäåí òóóìà æûëà¢à÷ áîëîò. Томас ФУЛЛЕР.

×ûíäûêòàí êîðêïîãîí àäàì êàëïòàí äà êîðêïîéò. Томас ДЖЕФФЕРСОН.

×ûíûãû àêûíäàð - ïàéãàìáàðëàð. Пьер ЛЕРУ.

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ. Анын їстїнє кїн бою бирге жїрїшсє да сагынышып, ээн жерде экєє гана жалгыз болууну самап калышчу. Азыр да ошону кєўїл кєксєп, жїрєк эўсеп турган кусалык кумарын кандырууну каалашты. Махабат деген жалгыздыкты жанындай кєргєн, кызганчаак кыял, эрке мїнєз келет. Алар їчїн бул дїйнєдє бир гана сїйїї бар, ал ушул экєєнє гана арналган. Замоктун кире беришиндеги бардан бир аздан виски ичип, андан соў сейил курмакка бак аралап кетишти. Тїн жарымы чен эле, тоо боорунан тємєндє жаткан орто кылымда салынган шаар жомоктогудай жарык чачып, кыялыўдын кылын чертет. Алар бул керемет кєрїнїшкє суктана карап, музыка жєнїндє, композиторлор туурасында сїйлєшїп жатып, Айдана минтип калды: - Арсен, сен їчїн мен кандай ыр ырдап беришимди каалайсыў? - Азырбы? - Ой, жок. Тамашалабачы. Симфониялык оркестр менен ырдайм. Сен залда болосуў, атайы келгенсиў. А мен болсо бир гана сага арнап ырдаймын, Арсен. Кандай ырды каалайт элеў? Италиянчаныбы?.. - Эмне, Айа, сенин ырларыў ушунча эле кєппї? Италиянча дейсиў, испанча дейсиў... Мейли буга. Эгер билгиў келсе, Айа, мен Кемчонтой эмесминби, аялдар жєнїндє ойлой берип кїнєєгє баткан кечилден бетер тымызын ойлоп жїрєм, анткени мен Кызкайыптын арияларын уккум келет. - Эмне дейт? Кызкайыптын арияларын?.. - Кїтпєгєндєй таў калды. - Кызкайып уламышын укканым бар, а бирок анын либреттосу, музыкасы, дагы башкалары болуш керек да. Сен чын эле оюнан аял кетпеген кечил болуп кеттиўби? Кызыксыў, Арсен! - Мында эч нерсе деле жок. Кептин баары ошол кыялдан чыгып жатпайбы? Ошондо алар кезеги келер бир кїнї «Кызкайыпты» коёбуз деген идеянын жаралган жеринде турушканын сезиптуюшту бекен? А Арсен Саманчин болсо ушул жылды, ушул кїндї, ооба, дал ушул

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл

• Кыз келиндер оорусу: эрозия, мастапатия, истит, миома, фиброма, менструалдык бузулуулар, климакс, лейкопенения, зарасын кармай албагандар. • Прастатит аденома, энурез, геморой, релатизм, колтуктагы колоўсо, буттагы шыбоо, коўурук ж.б. • Гепатит А, Б, С. давление тїшїрєт, кант диабети. • Бєйрєктєгї, табарсыктагы сезгенїїлєр ж.б. у.с. • Нерв илдеттери: эпилепсия, стресс, коркоктук, шизофрения, тырышуу, арак ичкендер, тамеки тарткандар, наркомания. • Шишик (опухоль), рак, эмчектеги метостаза клеткаларынын єсїшїн токтотот.

ЧЫЎГЫЗ АЙТМАТОВ (Сандан санга)

Тоолор кулаганда (КЫЗКАЙЫП)

Роман

керемет кезди тагдырдын буйругу менен келген ушул гана жерди кїтїп, оюнда бїрдєп гїл ачкан идеясын алгачкы жолу ага алгачкы махабаттай айткысы келген... Болорун айтпас бул тагдыр таштан да катуу неме экен, ошондо эле Арсен Саманчиндин эртеўи кандай болору чечилип жаткан тура, їч уктаса тїшїнє кирип койбогон киши єлтїрїї жєнїндєгї ой ушул жакшы тилек менен башталган иштин аягында кєк канчыктын кєзїндєй кылыя пайда болорун, єлтїрєм деген єзї да кылчая албай кылычтын мизи менен басып каларын, башкалар їчїн байпагындай кеп эмес, а бул їчїн кїнї- тїн мїшкїл тїшїргєн тапанча табыш кєпгєйї кєкєйїн кесип саларын ал анда кайдан билиптир. Мына, мїгдїрєткєн маселе! Буга караганда Жаабарстын кєйгєйї жеке тагдырына, єз жанына гана байланыштуу нерсе, ємїрїнїн аягын акыры алар ак-

тыкка- бул жашоодогу бакытка бергени барат. Бирдейби, бирдей эмеспи? Бир болсо да, бир болбосо да ойлонгондон не пайда? Бу опаасыз дїйнєдє нелер болуп, не болбойт?.. Андан кєрє, канча болуп кетти экен, бир жылдан ашып калды го, Кызкайып жєнїндєгї ошол ойду кайталаш кажет. Ал учурда ал экєє бири-бирисиз жашай албастай тїгєй болуп, ак сїйїї бактысы тагдырыбыз деп эзилише сїйлєшчї жерге, Хайдельбергдин алар барган сейилбагына, ооба, аўыз кепте жашаган Кызкайып бу турмушка келди деп эле коёлу, анда ал ошол бир болгон керемет тїндє аерге барып калышы мїмкїн беле?.. Же болбосо аўыз сєзгє айланган ал сїйїї трагедиясы- нан улам єтєр-кетер жашоодон кийин да тїбєлїк асыл ой катары жашай берер сїйїї жаны кєзгє кєрїнїшї ыктымалбы? Арсен Саманчин мындай ой жїгїртїїнї

• Ички органдагы, денедеги курттарды тїшїрєт. Аскарида, ламбилёз, тумхоланда, кене, демодекс, токсокара, дизбактериоз, митоз ж.б. • Толуп кеткендерди арыктатып жел кабызды чыгарат. • Оорулардын шыпаасын касиеттїї чєптєрдєн тапса болот. Сакайбаган оору жок. Ар кимдин ден соолугу єзїнїн колунда! Ахунбаева кєчєсї №90 (Онкологиялык больницанын жанында, болжол менен Абдрахманв кєчєсї менен кесилишкен жерде). Тел: 0772850673 четке какчу эмес, булардын баары адамдын жандїйнєсїндєгї кубулуштарга, чєйрєгє байланыштуу дечї. Аздектеген Айасына Кызкайып жєнїндєгї уламышты айтып жатканда мына ушулар да ага дем берип, эргїї болуп турчу. - Сен билесиўби, Айа, Кызкайып биздин Їзєўгїлєш 'тоолорунда ушу кїнї да жашайт, ал єлгєн эмес. Ушуга ишенесиўби? - Ишенем, ишенбей анан! - Айдана адатынча жылуу жылмайды да, апакай жумшак алаканы менен Арсендин мойнун сылады. - Сїйлєп жатканыўды аябай жакшы кєрємїн, анткени сен менин жїзїмдєн сылап-сыйпап жаткандай боло берет. Сїйлєй бер, Арсен, айлана кандай керемет. Бейпил тїн, айдын нуру сїттєй ак, аллеядагы шамдар жалооруй карап тургансыйт. Бу дїйнєдє бизден башка эч ким жок. Куштар да уктап калышты. Сїйлєй бер. - Куштардын уйку салганы жакшы. А Кызкайып жєнїндє сєз болгондо мен сїйлєбєй коё албайм. Муну жомок деп да, башка деп да айта берїїгє болот, ал єзї ошондой, а бирок мен їчїн эч качан жомок эмес, Айа! Ал таптакыр башка. Ишенесиўби, тоо аралап жїргєндє капыстан эле тээ алыстан кєрїнєт да, анан ошо замат кєздєн кайым болот. Ушундай. Ал жєнїндєгї уламыш кєптєн бери айтылып келет. Кызкайып ошол кїндєн ушул кїн тыным албай тоодон тоо кыдырып, дайынсыз кеткен сїйгєн жигитинин бир кабарын табам деп издеп жїрєт, а кызды болсо кармап алыш їчїн артынан карыша тїшкєндєр да бар. Элдин баары ушинтип айтышат, ушуга єздєрїндєй ишенет. Кызкайыптын сєз бекитишип сїйгєнї жаш жигит экен, ууга чыкса олжолуу кайткан кылмерген экен. Мергенчиликке кетет да ошо бойдон кайтпай калат, келет дейт, келбейт. Карасанатай кастары буктурмада бугуп жатып сыйыртмак салым сыздатып, колу-бутун бууп, їўкїргє же зынданга салып ташташканы, же анын тилин кесип, кєзїн оюп салышканы белгисиз бойдон калат.


СКАНВОРД

15

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл


16

Нарын шаарынын “Теўир-Тоо” борбордук аянтында болуп єткєн бул фестивалды жергиликтїї жаш активист Мирбек Асаналиев жана Улан Їсєйїндїн демилгесин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Нарын облусундагы ыйгарымдуу єкїлї Кайыпов Аманбай колдоого алып, фестивалдын жїрїшїнє 160 миў сом жана сынактардын байге фондуна 64 миў сом каражатын бєлїп берген.

“Эко баштык” сынагынын жеўїїчїлєрї: биринчи орун – Нарын шаары, экинчи орун – Нарын району, їчїнчї орун – Кочкор району. Улуттук оюн сынагында биринчи орун – Нарын району, экинчи орун – Ат-Башы району, їчїнчї орун – Кочкор району. Мода кєргєзмєсї: биринчи орун – АкТалаа, экинчи орун – Нарын, їчїнчї орунду Кочкор району алды.

“Кыргыз бийи” сынагында єзїнїн жалындуу бийи менен биринчи орунду алган “Сезим” тобун фестивалга жетектеп келген Кочкор районун Нинакан Жїндїбаева атындагы мектеп-гимназиясынын тарбия завучу Касымалиева Айнура эже менен кыскача маек курдук: - “Сезим” тобу кайсы жылы тїзїлгєн? - 1998-жылы тїзїлїп, дароо эле биртоп сынактарга катышып, бир-топ ийгиликтерге жете алды. Мактангандай болбоюн, бирок барган жерибизден байгелїї келебиз. Кудай буйруса мындан ары да темпибизден жазбай, ийгиликтерге жетишебиз деп толук ишенем, себеби мектеп-гимназияда таланттуу окуучулар кєп, жана ар жылы ич-ара кастингде бул бийчилер тобуна мыкты бийчилер келип, кошулуп турат. - Бул топко кирїї їчїн талаптар кандай? - Башкысы биздин мектептин окуучулары жана албетте бийге шыгы бар, кызыгуусу арбын кыз-жигиттер кирет. Биз єзїбїз да башталгыч класстардын окуучуларын байкап, таланттууларын топко чакырып, бїтїрїїчї класстын бийчилеринин ордун толуктап турабыз. Ал эми мектепти бїтїп кеткен бийчилер, жогорку окуу жайда же башка бий топторго киргенде эч тоскоолсуз улантып кетишет, себеби фундамент жакшы да.

Аянтка облустун ар бир району боз їз тигип, жергиликтїї жашоочулар жана конокторго сый-урматын, каада-салтын, этазыктарын, тамак-ашын, деги эле улуттук колоритте майрамдык маанай тартуулап, фестиваль эў мыкты деўгээлде єттї. Фестивалдын алкагында болуп єткєн “Кыргыз бийи” сынагында биринчи орунду Кочкор районунун бийчилери алса, экинчини – Жумгал району, їчїнчї орунду – Ак-Талаадан келген бийчилер алды. Улуттук каада-салтты чагылдырган фольклордук чыгарма боюнча сынакта Нарын району “Кыргыз кєчїн” чагылдырып биринчи орунду алса, экинчи орунду Нарын шаары жана Кочкор району теў бєлїштї. Ал эми їчїнчї орунду “Тушоо кесїї” сценкасы менен Ак-Тала району алды. Улуттук тамак-аш сынагында биринчи орунду Ат-Башы району, экинчини – АкТалаа, їчїнчїнї – Нарын шаары алды.

Сїрєт кєргєзмєсї: биринчи орун – Жыргалбек уулу Ысманбет, экинчи орун – Ишенаалы уулу Ырысбек, їчїнчї орунду Таалайбек уулу Бекназар алды.

Видео тасманы Нарын шаарындагы жаштар ордосу жана Нарын шаардык №8 орто мектебинин окуучулары кєргєздї. Ал эми эў мыкты єндїрїїчї район Нарын району (Жан-Булак кїнєсканасы), экинчи орунду Кочкор району (гречка єндїрїї) жана Жумгал району (Эмел суусу) теў бєлїшїп алса, Нарын району (Миў-Даба дары чєптєрї) їчїнчї орунга ээ болду. Сынактын жеўїїчїлєрїнє акчалай сыйлык жана кошумча кызыктыруучу белектер берилди. Фестиваль Кытайдан келген ырчы-бийчилердин жана Гульзада Рыскулованын, Минюра Рахимжанованын концерти менен аяктады.

№ 131 • 5-июнь, 2015-жыл

- Биринчи орунга ээ болгон “Жалындуу бийди” канчадан бери бийлеп келесиўер? - Негизи бул бийди бат эле даярдаганбыз, 2-3 кїндїн ичинде. Себеби топтогу кыздардын бардыгы таланттуу жана бийге кызыгуусу арбын. Биринчи жолу бул бийди май айынын башында эл алдына бийлеп чыкканбыз. Бий сынагында їчїнчї орунга ээ болгон Ак-Талаа районунун “Кыял” бийчилер тобунун бийчиси Эсенгелди кызы Нуриза менен да маек курдук: - Байгелїї орунга ээ кылган бий тууралуу айтып берсеўиз? - Бул бийдин аты “Кыз оюн” жана 4-класстан баштап 11-класска чейин мектеп окуучуларынан 18 бийчи бийлейт. Жетекчиси Садыкбаева Бакыт. - Фестивал жана сынак кандай єттї? - Жалпысынан абдан жакшы, майрамдык маанайда єттї, кубанычтамын жана талантыбызды татыктуу баалагандарга ыраазымын. Бектур Баймоўлов

Улуш эле “Сезим” тобунун бийчиси Алтынай Буканчиева: - Быйыл мектепти бїтїп жатыптырсыз, ийгилик каалап, жеўишиўиз менен куттуктайм! Канчадан бери бийлейсиз жана келечекте бийди улантасызбы? - Рахмат. Ооба, буйруса мектепти ийгиликтїї бїтїрїп алсам, жогорку окуу жайга тапшырам жана Алина Мырзабекова жетектеген Бишкектеги “Каухар” бий тобунда бийлейм деп жатам. Ал эми “Сезим” тобунда 6-классымдан бери бийлейм.

10-июнь Жумабаева Жаўыл эжебиздин 50 жашка чыгышы менен чын жїрєгїбїздєн куттуктайбыз! 50 жаш курагыўыз кут болсун, Їйїўїзгє 50 эселеп кут толсун 50 бакыт кубалашып бир келсин, 50 жашка 50 жаш кошуп берсин! Жаўыл эже бул жашоодо ден соолуктун чайын ичип, бактылуулуктун нанын жеп, аманчылыктын кїнїн кєрїп жїрє бериўиз жана небереўиздин тушоо тою да кут болуп, балаўыздын жаны темирдей бек болсун деп сизди урматтап сыйлаган бир туугандарыўыз куттуктайт!


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.