Айбат - коомдук-саясий гезити №129

Page 1


2

АЙБАТ ПРЕСС

“Таза шайлоо” Ассоциациясы:

ШАЙЛООЛОРГО АЛДЫН-АЛА ЄЗЇ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТЫ ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИНЕ АНЫКТАГАНДАР ЖАНА БИОМЕТРИЯДАН ЄТКЄНДЄР ГАНА КАТЫША АЛАТ

Шайлоолорго добуш берїїгє чейин 15 кїн ичинде шайлоочулардын тизмесине єзїнїн маалыматтарын аныктагандар жана биометрикалык каттоодон єткєн жарандар гана катыша алат. Бул туурасында «Шайлоо-2015 – инновациялык шайлоо технологиясы» деп аталган тегерек столдо «Таза шайлоо» ассоциациясы билдир-

ди. Алардын билдирїїсї боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоочулардын тизмегин тїзїп, аны электрондук тїрдє БШКга 50 календардык кїндє берет. «Борбордук шайлоо комиссиясы аны тез арада басып чыгарат жана шайлоо компанияларынын участкаларына берет. Алар добуш берїїгє 45 кїн калгандан кечиктирбестен тизмени тааныштыруу їчїн илет. Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын акыркы тизмегин иштеп чыгат жана тїзїп, добуш берїїгє 10 кїн калганга чейин кайрадан БШКга берет. Борбордук шайлоо комиссиясы тизмени басып чыгарып, тиешелїї шайлоо участкаларына добуш берїїгє 3 кїн калганга чейин берет. Чет мамлекеттерде добуш берїї дагы ушундай эле принцип менен єтєт» деп айтышты ассоциациядан.

“ЭМГЕК" МЕНЕН "БЇТЇН КЫРГЫЗСТАН" ЄРКЇНДЄЙТ” Мына ушундай ураан менен “Бїтїн Кыргызстан” менен “Эмгек” партиясынын кошмо сьезди Улуттук драм театрында єттї. Єткєндє кеп болуп жаткан коомчулуктагы божомолдор эки партиянын биригиши менен аяктады. Чакырылган делегаттар менен коноктор єз сєздєрїндє бул абдан туура чечим экенин чын жїрєктєн айтышты. Адахан Мадумаров башында турган “Бїтїн Кыргызстан”, Аскар Салымбеков тєрагалык кылган “Эмгек” партиясынын кєз караштары, келечек пландары туура келгендиктен кїздє єтїїчї парламенттик шайлоого бирге барууга ниеттенгендигин эки лидердин сєзїнєн байкадык. Чынында эле єлкєдє партия деген койдун корголунан да кєп болуп кеткени элди кыжаалат кылууда. Чакан мамлекет їчїн эки жїзгє чукул партиянын кереги барбы деген суроо жїрєктї єйїп турат. Албетте, мындай биригїїнї ар тїстє кеп кылгандар сєзсїз болот. Ал тургай эки партия баш кошуптур, булардын кожоюну ким да, башкасы ким болот деп келекелегендер четтен табылары турган иш. Анткени биздин єлкєдє сын таккандар ашаткандан башканы билбей калышты. Арийне, калктын кадырына жетип, алардын жашоосун оўдоону кєздєгєндєрдї торой чалууну кєздєгєндєр да тилекке каршы жок эмес, бар. Негизи байлыгына торсоюп курсак байлагандардын кєзїн карап оокат кылгандар жакшыны дурустап кєрє алышпайт. Ооба, Кыргызстандагы їлкєн эки пар-

МЫРЗАКМАТОВДОРДУН КЫЛЫГЫ “КЫЛДАЙ” ЭМЕС Ошто єзїн “арстан, шер, хан” сезип алган Мелис Мырзакматов шаарды жетектеп турганда кандай башаламандыктарга жол бергени бїгїнкї кїнгє чейин чубалдып чыгып жатат. Ал эми Мелистин агасы Кеўеш Мырзакматов да далайды сыздаткан экен. Буга чейин анын батир алып берїї боюнча шылуундугу ачыкка чыгып андан жабыркагандардын саны кїн санап єсїїдє. Учурда Кеўеш мырза кылтакка илинип суракка алынып жатат. Чындыгында, 2010-жылдын июнь окуясынан кийин мамлекет тарабынан курулган батирлерди оюна келгендей бєлїштїргєн экен. Буга Мелис Мырзакматовдун да кїнєєсї бар. Ал эмне їчїн єзї жетектеп турган калаадагы калпыс иштерге жол берет? Бул боюнча аны да жоопко тартыш керек. Учурда 1-вице-премьер Тайырбек Сарпашев тїштїктє дал ушул маселеге киришип жатыптыр. Сарпашев Ош шаарында єткєн жыйында мыйзамсыз берилген батирлер жєн эле кайтарылбастан мындай алешемдикке жол бергендер жазаланарын билдирди. “Чындыгында жалган документ менен їй алгандар кєп экен. Бул боюнча мурдагы шаар жетекчисинин бир тууганы батир алып берем деп кєп адамдардан акча алган. Мїмкїн ал буга чейин

КАН КЇЙЇП АТСА «ЧАРТАНБАЙ» ТЕПКЕН МЫРЗАКМАТОВ Быйыл июнь коогалаўына беш жыл толот. Экинчи мындай каргашалуу окуя кайталанбасын жараткандан тилейли. Ошентсе да, бир кызык окуяны айта кетпесек болбос. Ошол капсалаўда, тагыраагы, 2010-жылдын 12-июнунда а кездеги мэр Мелисбек Мырзакматов кайсы бир милиционердин туулган кїнїндє «чартанбай» тепкени эми ачыкка чыкты. Єзїн бул

тия масилет куруп шайлоого барууга дитин бурду. Тїндїк менен тїштїктї, ал эмес бїткїл кыргызды бїтїнгє эмгек менен айлантууну кєздєгєндєрдї колдоочулар арбын. Себеби, Адахан Кимсанбаевич да, Аскар мырза да этеги жаман жерден жыртылгандардын катарында эмес. Бул кызылдай чындык! Ошентип дагы бир єлкєнїн экономикасын кєтєрїїгє, элдин бакубатчылыгын жакшыртууга, улуттук дєєлєттєрдї жайылтууга камкордук кєргєн кїчтїї партия эми кїрєшкє чыгат. Жалпы кубатты Кыргызстанды чыўдоого, мигранттарды їйгє кайтарууга, коўшу єлкєлєр менен теў ата сїйлєшїїгє ураан кєтєргєн “Бїтїн Кыргызстан” менен “Эмгек” партиялары абдан зор кїчкє айланганын танууга болбойт. Ылайым элдин ишеничин актаган партиялардан болгула, жолуўар байсалдуу болсун! Ж.Сулайманов

Гезит ээси:

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

№ 129 • 22-май, 2015-жыл

окуяда башкы каарман кєрсєтїп, элдин ынтымагын сактаган, каргашаны баскан «баатыр» кылып кєрсєткєн Мелисбек Жоошбаевичтин бул кылыгына эмне дээриўди билбейсиў. Же эл арасында айтылып жїргєндєй, М.Мырзакматов июнь коогалаўында кара башынын амандыгын ойлоп Ош шаарынан качып, ушинтип тойлоп жїргєнї чын белем?

ПЕНСИОНЕРЛЕРДИН ЫРЫСКЫСЫН УУРДАГАН А.КЕЛДИБЕКОВ ЖООП БЕРИШИ КЕРЕК!

Коммерциялык директор: Бектур БАЙМОЎОЛОВ Тел. (0772) 16 11 00

Веб-сайт: www.AIBAT.kg

Редакциялык жамаат:

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: aybatkg@mail.ru

Акинай АЙДАРОВА Рахатбек РЫСАЛИЕВ Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА Дамир ЭСЕНГУЛОВ Мирбек АСАНАЛИЕВ Мирбек МАМБЕТОВ

да ар кандай жолдор менен батир алып берген чыгар. Мунун баары укук коргоо органдары тарабынан иликтенет. Туура эмес алынган болсо мамлекеттке кайтарылат. Жалган документ жасап бергендер да, алгандар да, аларга жардам бергендер да жоопко тартылат”, - деди ал. Ошто алысты кєрє албаган айрым “активисттер” Мырзакматовдорду бїгїнкї кїнгє чейин айга-кїнгє теўеп мактап келет. Булардын мынтип жанталашып жатканын да тїшїнсє болот. Баликим тїштїк борбордо Мелисти колдоп жаткандар да бекер батирден кур эмес болуп жїрбєсїн. Муну да текшерип койсо ашыктык кылбас.

Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

Мамлекеттик социалдык фонддун тєрагасы, башкы салыкчы жана парламент спикери кезинде єлкє казынасына 40 млн. сомдук зыян келтирген делип айыпталган Акматбек Келдибековго байланышкан сот процесси уланууда. Сот процессине катышкан эл єкїлдєрї кесиптешине жан тартышканыбы же башка себеби барбы, айтор, башкача кєрсєтмє беришїїдє. Макул, ЖК депутаттары кєрсєтмєсї аркылуу А.Келдибековду актаганга жан їрєп атат дейли. Ал эми соцфонд тєрагасы, башкы салыкчы кезиндеги ишмердїїлїгї їчїн акыры жооп бериши керек. Себеби пенсионерлердин, жєлєк пул алган карапайым жарандардын жєлєк пулун кымырган адам мыйзам алдында жооп бериши абзел. Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №1303

Нускасы: 1500


3

ТАРАЗА Турдубек МАМБЕТОВ, мамлекеттик архитектура агенттигинин башчысы:

«ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ ТУУРАЛУУ АЙТКАНДАРЫМДЫ СОТ АЛДЫНДА ДАЛИЛДЕЙ АЛАМ» - Турдубек мырза, сиз “Агым “гезитине (№34 09.05.2008 жылы) Ишенбай Кадырбеков тууралуу интервью берген экенсиз. Ошол маекке таянып, “Айбат “гезити №94 05.09.2014 жылында чыккан санында кєчїрїп басып чыгарган элек. Ошондогу маалыматтарды кайра тактап бере аласызбы? - Ишенбай Кадырбековдун бир топ фирмаларын билчїї элек, азыр канчасын башкаларга каттатып койду анысын айта албайм.Ушул айтылып жаткан їйїнє баргам,жардам сураган мен жардамымды бергем.Ошол убакта Бишкек шаардык кеўешинин архитектура, курулуш жана жер маселелери боюнча туруктуу комис-

сиясынын тєрагасы болуп иштечїмїн. Ал жер тилкесин єз наамына которгон. Бишкек шаарында ар бир жаранга 3 сотуйдан 8 сотуйга чейине алыш керек.Бул боюнча шаардык кеўештин чечими бар. Кадырбеков 8 сотуйдан ашык 12 сотуйга чукул жер тилкесин алып жатат .Жанындагы жер тилкеси Свердлов районун ошол кездеги акими Кененбаев дагы билчї, ал кошунасы болгон.Ошол убакта эле гезиттин баарына чыккан экєєнїн салып жаткандары. ”Агым”гезитине бергем маегим толугу менен туура. Ишенбай Кадырбеков менен канча бир жолу соттошуп утуп алгам.Эгер сот мени чакырса барып айтып бергенге даярмын.

Анда эмесе, окурман, биз ар бир

саныбызда Ишенбай Кадырбековдун басып єткєн жолуна саресеп салабыз. Кадырбеков “Айбат “ коомдук саясий гезитин Свердлов райондук сотуна берген эле .Судья Калыбеков Сатар доогер Кадырбеков Ишенбай Дїйшембиевичтин ар-намысына коргоо жана моралдык компенсация єндїрїлсїн.Жалган маалымат деп табылсын Ишенбай Кадырбековдун пайдасына 30миў сом ал эми мамлекетин пайдасына 10 миў сом єндїрїлсїн деген чечимин чыгарган. Тємєндє И.Кадырбековдун бизди сотко сїйрєгєн макаланы кайталап басабыз.

БыШыКычы ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ КАНТИП «ЖЕР ОЛИГАРХЫНА» АЙЛАНГАН?

Андагы мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору, мындагы Борбордук Шайлоо Комиссиясынын (БШК) мїчєсї Ишенбай Кадырбеков эски бийлик тушунда камакка алынганы маалым. Ал киши єлкє казынасына миллиондогон сом зыян келтирген делип айыпталып, абакка да отуруп чыккан. Ошол убакта Бишкек шаардык кеўешинин архитектура, курулуш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тєрагасы, учурдагы архитектура агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов «Агым» гезитине маек, И.Кадырбековдун жер тилкелерин кантип алганын шардана кылганы бар. Т.Мамбетовдун айтымында, Кадырбеков єзїнє жеке менчик їй курууну 1990-жылы эле баштаган. Биринчи участогу Бишкек шаарынын Ленин районундагы Айни кєчєсїндє №73-а дарегинде жайгашкан.

Ал эми аталган участок чечим (Решение Свердловской районной администрации г.Бишкек от 18 сентября 1990 года, № 172) боюнча Оморов Б.А. аттуу адамга таандык болгон. Жалпы аянты – 0,0893 га. «Аталган жер участогу жана курулуп жаткан менчик їй Кадырбековдуку экендигин кєп адамдар билчїбїз. Ал кезде Кадырбеков жана їй-бїлєсї бул фактыларды анча деле жашыруун сыр кылышчу эмес. Ал участокту 1992-жылы єзїнїн наамына которгон, ал эми 1995-жылы законду бузуу менен кошуп алган жерин жана ал жерлерге уруксатсыз куруп салган курулуштарын закондоштурган. Чечим єзїнїн наамында, аянты 0,0259 га (постановление Ленинской районной администрации г. Бишкек от 16.12.95 г., №92). Ошентип, Кадырбековдун азыркы жашап турган їйїнїн аянты 424 квадрат метр, ал эми жер участогунун аянты – 0,1152 га» деп баса белгилейт Турдубек мырза. Сєзїн андан ары улаган Мамбетов Кадырбеков 1997-жылы Бишкек шаарынын мэриясы аркылуу эки участок алганын, ПДП жана генплан боюнча биринчи участогунун аянты – 0,09 га болсо, ал эми экинчи участогу 0,08 га (постановление мэрии г. Бишкек от 23 сентября 1997 года) аянтка барабар экенин кошумчалаган. Мындан сырткары, 2004-жылы Жогорку Кеўештин депутаты катары 0,08 га аянттагы дагы бир жер тилкесин алганын, муну менен эле чектелбестен, ошол эле жылы тєрт участокту «жымырганын» жашырган эмес. «Ошол эле 2004-жылдын июль айында дагы 4 (тєрт) жер участогун алган, жалпы аянты – 0,33 га (постановление мэрии г. Бишкек от 2 июля 2004 года, №699). Жогоруда аталган жер участокторунун бардыгы жеке менчик їй куруу їчїн берилген жана И.Кадырбековдун жеке єзїнїн наамына катталган. Эмне їчїн жеке менчик їй куруу їчїн?

Анткени, жер кодексинин 32-33-статьяларынын негизинде жеке менчик їй курууга жер участогу бекер берилет, бирок, бир эле жолу (Бишкек шаарында бекитилген жоболордун негизинде жеке менчик їй курууга берилчї участоктордун аянты 0,04-0,08 га, ал эми СНиП (курулуш нормалары) боюнча 0,04-0,06 га. Бирок, бул норманы билбемиш болуп атпайбы. Мындан сырткары, башка жагдай да тїрткї болгон кєрїнєт. Атап айтканда, ошол акыркы алган жер участокторуна кєп кабаттуу (9,10, 11 кабат), 44 квартиралуу, жертєлєсїнє автоунаа токтоочу жай жайгашкан, ал эми биринчи жана цокольный кабаттарына дїкєн жана башка сервистик объектилерди курууну пландаштырган экен. Ушул курулушка тиешелїї дагы бир жагдай. Директор И.Кадырбековго гражданин И.Кадырбеков арыз жазып, кат жїзїндє жооп алат (письмо госстроя КР от 23.10. 07., №ИК 8/6-1209). Каттын мааниси: “Жогоруда аталган курулуштун проектисин чийїї менен катар курулуш курганга уруксат…” деген Турдубек Мамбетов Ишенбай Кадырбековдун мыйзамды одоно тебелеп тепсегенин ынанымдуу фактылар менен бекемдеген. Ємїр бою мамлекеттик кызматта иштеген, расмий бизнес булагы жок туруп ушинтип килтейген жерлерге ээлик кылса болорун турмуш жїзїндє кєрсєткєн Кадырбековго «баракелде» дегенден бєлєк айтар кеп да табылбай калат экен. Биз И.Кадырбековдун былык иштеринин бир бучкагын Мамбетовдун айтуусу менен гана жаздык. Дагы иликтей берсек, кєп «секреттер» секирип чыгышы ыктымал. Мына ушундай адам эми бизге акыл їйрєтїп, таза шайлоо, таза саясат тууралуу «дарс» окуп жаткан кези. Мындайда элибиздин «бирєєнїн башындагы тєєнї кєрбєй, єз башындагы чєптї кєрєт» накылы эске тїшєт экен…

Президент:

КЫРГЫЗСТАН МИГРАНТТАРДЫ РОССИЯЛЫК КАРА ТИЗМЕДЕН ЧЫГАРУУНУ ЄТЇНЄТ

"Биз кара тизмеге байкабай тїшїп калган Россиядагы баардык кыргызстандык мигранттарды андан чыгарууну сурайбыз",-деп билдирди 21-майда президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирїї жєнїндє келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюу иш-чарасында. "Биз миграциялык эрежелерди атайлап бузбагандарды кара тизмеден чыгаруу жагын кандайдыр бир жол менен сурап кєрєбїз. Тараптар туура тїшїнєт го деген ниеттебиз, анткени кыргызстандыктардын кєпчїлїгї атайылап же бир жаман ниети болбой туруп эреже бузуп алышкан",-дейт президент. Ал учурда Россиянын федералдык миграция кызматынын кара тизмесинде 70 миўден ашык Кыргызстандын жараны бар экенин эскерти. Атамбаев ал тургай ЕАЭБге кирген алгачкы жылдарда кыйынчылыктар менен маселелер жаралса дагы Кыргызстан бир нече жылда байгерчилик жашоого жетерин убада кылды. "Муну кєргїсї келбегендерден тышкары баары эле кєрїп турат",-дейт мамлекет башчысы. Акинай АЙДАРОВА № 129 • 22-май, 2015-жыл


4

ЧЫН СЄЗ ЧЫЧАЛАТАТ

МУРДУН КЕЛТЕЙТКЕНДЕР ДЕПУТАТ БОЛУУГА АКЫСЫ ЖОК

Бизге демократия деген сєздїн дегеле пайдасы тийбеди. Бийликке дагы, парламентке дагы туура эмес адамдар келип алып, чылпагын алам деп кєзїн чукугандай абалга жеткирип коюшту. Баарынан да кичине эле куйругунан буралса оорудум деп ооруканага жатып алмайды адатка айлантып алышты. Кечээ эле сопсоо жїргєн депутаттардын жеген, ичкени билинсе жоон ичегисинен мертинип жатып калышканы кїлкїўдї келтирет. Мындай фактылар аябай кєп катталды. Тоодой болуп жїргєн Нурлан Сулайманов , Нурлан Тєрєбеков, Акматбек Келдибеков, Урмат Аманбаева сыяктуулар мунун айкын кїбєсї. Башка майда-чїйдєлєрїн айтпай эле коёлу. Быйыл кїздє кайрадан парламентке

жаўы депутаттарды буйруса шайлаганы турабыз. Бул абдан жоопкерчиликтїї милдеттен оболу ошол депутат болом дегендер кутулуусу тийиш. Биринчи кезекте бизге ден-соолугу чыў, элдин ырыскысына кол салбаган, адилеттїї депутаттар зарыл болуп турат. Анткени бардык орчундуу маселелер парламентте чечилет. Демек, алыска ой жїгїртє билген, ак менен караны иликтей алган, элдин кызыкчылыгын кєздєгєн депутат гана мамлекетке пайда алып келе алат. Ал эми єзїнїн курсагын ойлогондорду депутат кылгандан Кудай сактасын! Беш жыл боюу эрегишкен, тебишкен, чабышкан парламенттеги “каармандардан” кокобузга чейин тойуп бїттїк. Депутат болуп азыр отургандардын кєбї єзїнїн баш терисин, кандай деўгээлде экенин тастыктап беришти. Арийне, бирин, экин камчы сапка жарай тургандары бар экенин калыстык иретинде айта кетпесек болбостур? Тилекке каршы теў жарымынан кєбї бизнестен башканы билбегендер болгонун єз кєзїбїз менен кєрбєдїкпї? Баш аламан убакта карапайым калк дурустап тандай албаганын моюнга алабыз. Ошондуктан бизге чала болду деп отуруп калдык. Мына кайрадан зор саясый єнєктїк кї-

жїлдєп жїргєнї турат. Кимде ким чын эле депутат болууга ниети болсо ириде оорусу жок, мээси ордунда,жеген-ичкенден алыс деген медициналык справка тапшыруусу зарыл. Себеби, їлп эткен желге урунса балинсага жата калган депутаттардан жадап бїттїк. Анан да байлыгына эмес акылына мактанган эл єкїлдєрї келсе єлкєгє пайдасы тиймек. Тойлордо кєкїрєгїн кагып, же болбосо кєк бєрїдє байгесин сайып, жєнєкєй пендени таманына басып мурдун дердейткен депутаттарды кєргїбїз келбейт. Бизге калкына кїйгєн, кыйшаўдабай тїз жїргєн, калыстыкты сїйгєн депутаттар абадай, суудай керек. Ошондо кєк жєтєлдєн арылабыз. Муну кєўїлїбїзгє тїйїп алсак ашыкча болбостур? Качанга чейин эле байлыгына чиренгендердин жетегинде жїрє бермекчибиз? Андайлардан кутулуунун бир гана жолу бар. Шайлоо учурунда татыктууларына добуш бергенде алардан кутулабыз.Башы бираз иштеген,акыйкат їчїн чыркыраган адамдар бир кесим этке,бир куюм аракка азгырылгандарга караганда басымдуулук кыларына бєркїмдєй ишенип турам. Ошентсек гана акча менен сатып алам дегендердин сазайын берген болобуз. Убадага бекем туралы,болбосо дагы беш жыл эзилебиз. Ж. Кашайтар

ТАМЧЫ КАБАР *** Êûðãûçñòàíäûêòàðäû “êàðà òèçìåäåí” ÷ûãàðóó òàïøûðìàñû áåðèëäè *** Êûðãûçñòàíäûí ôóòáîë áîþí÷à êóðàìàñû Ïàêèñòàíäûí êîìàíäàñûíàí óòóëóï êàëäû *** Ïàðëàìåíòòå àêûí Æå¢èæîê Êºêº óóëóíóí 155 æûëäûê þáèëåéèí áåëãè뺺 ñóíóøó àéòûëäû *** Äåïóòàò àæûëûê ñàïàðäûí áààñû 2,5 ìè¢ äîëëàðãà ÷ûêêàíäûãûíà íààðàçû *** Èðàí ïðîâèíöèÿñûíûí ãóáåðíàòîðó Êûðãûçñòàíäûí ÅÀÝÁãå êèðèøèí êóáàíû÷ ìåíåí êàáûë àëäû *** Òóðèñòòèê ñåçîíäî Áèøêåêòåí Ûñûê-ʺë㺠÷åéèí 13 ïîñò êîþëàò *** 5 àé è÷èíäå Þñòèöèÿ ìèíèñòðëèãèíå 2260 êàéðûëóó êåëèï ò¿øêºí *** Þñòèöèÿ ìèíèñòðè: “Á¿ã¿íê¿ ê¿íäº Þñòèöèÿ ìèíèñòðëèãèíäå 199 ñàÿñèé ïàðòèÿ êàòòîäî òóðàò” ***

БОРБОР АЗИЯДАГЫ КЫРДААЛ: ТУРУКСУЗДУКТУН ЧОРДОНУ Орто Азиядагы кырдаал єзгєрїп бара жатат жана келечекте дагы да татаалданат. Анткени Орто Азиянын келечеги Жакынкы Чыгыш єлкєлєрїндє болуп жаткан окуяларга тїздєн тїз байланыштуу. Аталган аймакта АКШ жана Орусиянын, Иран менен Сауд Аравия, Тїркия, Катардын тирешип жатканы кєрїнїп турат. Андыктан Борбор Азиядагы ар бир мамлекеттин ички экономикалык, социалдык маселелери кырдаалга, сырткы кїчтєр таасирин тийгизїїгє жол ачат. Бул багыттан гоесаясий кїчтєр кырдаалды пайдаланып, аймактагы энергетикалык байлыкты єз кєзємєлїнє алууга умтулат. Бул їчїн ар кандай жолго барышы мїмкїн. Учурда Борбор Азиядагы бир катар мамлекеттерде ошол эле Єзбекстан, Казакстан жана Тїркмєнстанда бийлик бир адамдын колунда. Бул мамлекеттерде саясий режим катаал жана оппозиция жок деп айтсак болот. Практика кєрсєткєндєй саясий толкундоолор социалдык-экономикалык, этникалык жана диний кагылышуунун негизинде келип чыгат. Жакынкы аралыкта Фергана єрєєнї кооптуу бойдон калууда. Бул аймакта чыр чыгып кетїї коркунучу жогору. Ошол эле Кыргызстан, Єзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы мамилени курчутуп жиберїї аракети болушу ыктымал. Анткени бул мамлекеттер ортосунда суу, чек ара сыяктуу маселелер чыўалып турат. Бул маселелер геосаясий алкакта чечилбесе аны ишке ашыруу кыйын болуп калды. Бул багыттан Орусия Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы жакын мамилесинен улам Ташкентке басым жасагысы келип жатат. Ошол эле учурда Єзбекстан курчоодон качып (Евразия экономикалык союзу менен ОДКБ уюмдарына мїчє болбой) коопсуздугун сактоо їчїн АКШ ме№ 129 • 22-май, 2015-жыл

нен мамиле кылууга аракеттенип жатат. КМШ мамлекеттеринин президенттеринин акыркы жолугушуусун анализге ала турган болсок Кыргызстан менен Єзбекстандын мамилеси кїн санап солгундап жатканын байкаса болот. Эки єлкєнїн мындай мамилеси айрым сырткы кїчтєрдїн аралашуусу менен келишпестикке алып келиши мїмкїн. Бул келишпестикти тезирээк жоюш керек. Кыргызстан мындай кырдаалды эске алып ОДКБнын кїчїн пайдаланып єз чек араларын бекемдеп, армиясын кїчєтїп алышы зарыл. Бїгїнкї кїндє Кыргызстандын бир катар ички коркунучтары бар. Ошол эле социалдык-экономикалык кырдаал, коррупциянын жоюлбай жатышы, жумушсуздуктун артышы жана аймактык кландардын саясатта бийлик їчїн тирешїїсї. Андыктан ушул жылы єтє турган парламенттик чоў сыноо болот. Саясий кїрєш анчалык кооптондурууну жаратпаганы менен тїштїктє башкача кырдаал болуп кетиши ыктымал. Айрым саясатчылар бул аймакта улут аралык козутууну кїчєтїп диний кырдаал курчуп кетиши ыктымал. Андан тышкары Фергана єрєєнїндєгї калктын аялуу катмары айрыкча кыргыз-тажик чек арасы кооптуу. Анткени, Тоолуу Бадахшандагы їй-бїлєлїк жана кландык башкаруу жумушсуздук, коррупция, Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салуу сыяктуу кєрїнїштєр жаштарды радикализмге тїртїшї мїмкїн. Бул багыттан алып караганда Єзбекстандын, Тажикстандын, Тїркмєнстандын бийликтери катуу кооптонуп жатат. Анткени, ИГИЛ радикалдык кыймылы Ооганстан менен Борбор Азиянын чек арасына жакындап жатат. Жогорудагы мамлекеттин башчылары АКШ жана Орусия кїчтєрї менен машыгууларды єткєрїп жатканын да мисалга алсак болот. 2014-жылы Пакистандын Тїндїк Ва-

Àðäàãåð æóðíàëèñò Êåíæàëû Ñàðûìñàêîâ ä¿éíºäºí êàéòòû *** ×åê àðà÷ûëàð ìåíåí ïñèõîëîãäîð èøòåé áàøòàäû *** Ñèðèÿäàí êàéòûï êåëãåí ìåêåíäåøòåðèáèç îòóçäàí àøòû *** Êå÷êè îíäîí êèéèí àëêîãîëäóê è÷èìäèêòåðäè ñàòóóãà òûþó ñàëûíàò *** Îøòî ¿÷ àéäà 37 òîííà æàðàêñûç àçûê òàáûëäû *** Æàëàë-Àáàä îáëóñóíäà 6126 ýòíèêàëûê êûðãûçäàð æàøàï æàòàò

зирстандагы бир катар радикалдык топторго болгон катуу сокку аталган топторду Ооганстанга качууга мажбур кылган. Бул жашыруун деле эмес. Бул радикалдык уюмдар, Сириядагы согушкерлер сырттан колдоо алып жатат. Гоесаясий оюндун кєўїлї дайыма коркунуч жаратып жаткан Єзбекстан, Тїркмєнстан, Тажикстанга бурулууда. Буга байланыштуу, Ооганстан тараптан Тажикстан жана Тїркмєнстанга чабуул коркунучу бар. Ошол эле убакытта Тажикстандагы Памир аймагына жасала турган чабуул, Тїркмєнстанга жасала турган негизги чабуулдан алаксытуу максатында колдонулушу мїмкїн. Себеби ИЛИМдин бардык кїч аракеттери Ирак менен Сириядагы нефт чыгаруучу жерлерге жана газ тїтїктєрїн басып алуу жана коопту абал жаратууга жумшалган. Алардын стратегиялык максаты Иран чек арасынын жакындарындоо, туруксуз абалды жаратуу аркылуу, кийинчерээк батыш Казакстан жана Кавказга чыгууну кєздєшєт. Экстремисттик топторду Тажикстан аркылуу Ооганстандан Фергана єрєєнїнє єткєрїї алар їчїн абдан маанилїї. Себеби Орто Азия, Орусия жана Кытай їчїн жаны кооптуу абал жаралат. Кадыр МАЛИКОВ

*** Æàëàë-Àáàä îáëóñóíàí Ðîññèÿ Ôåäåðàöèÿñûíà 48 ìè¢ 473 àäàì êåòêåí *** Êàçàêñòàíäà ºëãºí æåéðåíäåðäèí ñàíû 20 ìè¢ãå ÷óêóëäàäû *** Òàæèêñòàíäà ò¿ðê ëèöåéëåðè æàáûëàò *** ÈÌäèí ñîãóø÷àíäàðû Ìàëàéçèÿäà àäàìäàðäû óóðäàï, áàíêòàðäû òîíîîíó ïëàíäîîäî *** «Èñëàì ìàìëåêåòè» áàéûðêû Ïàëüìèðàíû áàñûï àëäû *** Êîëóìáèÿäà æåð êº÷ê¿äºí êàçà áîëãîíäîðäóí ñàíû 80äåí àøòû *** Áèð òîííà êîêàèí æ¿êòºãºí ó÷àê êàðìàëäû *** Ò¿íä¿ê Êîðåÿ ÷àêàí àòîì áîìáàñûí æàñàãàíûí áèëäèð¿¿äº


5

ЄРДЇ КАРАЙ

Кыргызстан ЕАЭБге кошулду Жогорку Кеўештин 20-майдагы отурумунда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулушуна байланыштуу мыйзам долбоорлору кєпчїлїк добуш менен ратификацияланды. Талкуунун жїрїшїндє айрым депутаттар, єкмєт башчысы аталган биримдикке карата пикирин билдиришти. Тємєндє алардын айрымдарынын пикирин сунуш кылабыз. Темир САРИЕВ, єкмєт башчысы:

«БИЗ БУРУЛУШ КЫРДААЛДА ТУРАБЫЗ»

- Кыргыз Республикасы єнїгїїнїн жаўы этабында, экономикалык мамилелердин єзгєчє бурулуш кырдаалында тургандыгы баарыўыздарга белгилїї. Бул албетте мыйзам ченемдїї жагдай, аймактык ал гана эмес, глобалдык интеграция ааламдашуу процесстеринин алкагында жашап жаткан азыркы єзгєрїїлєрї дїйнє биздин алдыбызга єтє орчундуу маселелерди коюп жатат. Биз ошол чакырыктарга жооп беришибиз керек. Дїйнє алмашууда ошону менен бирге экономикалык жакындашуу, биргелешїї процесстери, жалпы Жер шаарында єтє кїчєп баратат. Бул жалпы адам заттын азыркы мезгилдин экономикалык чакырыктарына болгон глобалдуу жооп. Кыргыз элинде «Кїч бирдикте, кїч биримдикте» деген кєєнє сєз бар. Бул сєздїн мааниси єтє чоў. Анткени, атабабаларыбыз да кїч биримдикте экендигин баарынан жогору баалаган. Мен ушул улуу трибунадан айткым келет: Биз Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуп жатканда, мына акыркы эле су-

ЕАЭБ:

рамжылоону кылганда, элибиздин 80-90 пайызы ушул саясатты толук колдоп атат. Мындан башка єтє маани берип айтып кете турган сєз – Президент, Жогорку Кенеш, єкмєт бул маселе боюнча бир муштум болуп туруп берди. Биз билебиз, бул бир эле кїндє келген жок чечим, 3 жылда абдан чоў иш жїрдї. Биз ушул єнєктєш мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп ратификация кылып, Евразиялык экономикалык комиссияга єзїбїздїн расмий билдирїїбїздї жїргїзїп, биз менен єнєктєш мамлекеттерден азыр сураныч кайрылуу катарында кайрылып, ошол тезирээк ратификация єткєзїп берсеўер, акыркы ратификация єткєн кїндєн баштап, Евразиялык экономикалык биримдиктин келишими иштей баштайт. Ал келишимдин негизинде Кыргызстан менен Казахстандын ортосундагы бажы чек аралары алынат. Ал чек аралар алынганда кыргыз элине, кыргыз ишкерлерине 4 эркиндик келет. Бул капиталдын жїгїр эркиндиги, товардын жїгїр эркиндиги, кызмат берїїнїн эркиндиги жана жарандардын кирип чыгуу эркиндиги. Мен ушул учурдан пайдаланып, баардык маселелерди колдоп берип аткан Президентке, Жогорку Кеўештин депутаттарына, анын аппаратына ыраазычылык билдирип кетем. Мындан башка Єкмєттїн мїчєлєрїнє, эксперттик топторго аябай чоў ыраазычылык билдирип кетем. Кандай гана талаштар, кандай гана оор маселелер болгон жок. Биз ошолордун баарын теў чечтик. Мен санап айтып бере алам, кагазды карабай, эмне эмнелер биз їчїн пайдалуу болду деп. Биринчиден, мына биздин єзїбїздїн їлїшїбїздї 1,9

пайызга кєбєйтє алдык. Ошону дадилдеп берип, ошол чечимдерге кол койдурдук. Бул биз їчїн аябай чоў утуш. Экинчиси, биз ошол кирип атканда, єзгєчє мамиле кылынып, тездетилген мамиледе биз булардын баарын теў жакындатып тездеттик. Мынакей 8 майда кол коюлду. Їчїнчїсї, биз беш жылдык мєєнєттє єзїбїзгє эў орчундуу багыттар боюнча жеўилдиктерди алдык. Тєртїнчїсї, биз бир млрд. доллардык кыргыз-орус фондусун тїзє алдык. Мына бїгїнкї кїндє ал иштей баштайт. 150 млн. биздин Улуттук банктын эсебинде турат. Мына майдын акырында отуруму болуп, биринчи долбоорлорду каржылоону баштайбыз

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖК депутаты, “Ар-намыс” фракциясы:

“ЕАЭБ КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНА ТУУРА КЕЛЕТ”

- Урматтуу тєрага, урматтуу премьерминистр, бул бїгїнкї Кыргызстандын тарыхында эў чоў геосаясий окуя. Бул Кыргызстандын эгемен мамлекет экендигине жана ыйык суверендїїлїк принциптерине кесепетин тийгизбейт. Тескерисинче, Кыргызстандын экономикалык кубаттуулугун бекемдейт жана геосаясий айдыўында Кыргызстандын пикирлештери пайда болот. Бул Кыргызстандын толук улуттук кызыкчылыгына тєп келет жана кєздєйт. Эў негизги эмне утуш алат? Эмдиги жылы биз ушул биримдикке келгенден кийин Кыргызстандын бюджети дээрлик эки эсе кєбєйєт. Їчїнчї утушу, 1 миллион биздин мекендештерибиз Казакстанда, Россияда жїргєн ошол мекендеги атуулу сыяктуу эле статуска ээ болот. 1 миллион адам жеўилдик алат. Тєртїнчїдєн, биз базар экономикасынан, эми єндїрїш экономикасына єтїп жатабыз. Єндїрїш, конкуренция, арзан, сапаттуу товар чыгаруу. Анан кийин эў негизги 4 багытта 5 єлкє бирдей єлкєнїн эрежесинде иш кылат. Бул товарлардын агып кирїїсї, капиталдын агып кирїїсї, эмгек кїчтєрдїн агып кирїїсї жана кызмат кєрсєтїї. Демек биздин эмгек айдыўыбыз, рынок айдыўыбыз кеўейет. Биз айрыкча єкмєткє сын кєз менен мамиле кылабыз. Бирок акыркы 4 айда биздин эксперттик топ финансы министрлигинин, экономика министрлигинин, тышкы иштер министрлигинин, транспорт министрлигин жана бажы кызматынын єкїлдєрї ушул 4 єлкєнїн комиссиясы менен иштеп, ушул бирдиктин комиссиясы менен иштеп, бир дагы пайыз артка жылбай єздєрїнїн бийик профессионалдуулугун кєрсєтє алды.

КЫРГЫЗСТАН КЕЛЕЧЕКТЇЇ КАДАМ ТАШТАДЫ Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кириши жєнїндєгї келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койду. Єлкє башчысы єз сєзїндє акыркы тєрт жыл аралыгында бул жаатта кєп иштер аткарылып, ар бир сан, ар бир тамга кыйынчылыктар менен келгенин баса белгиледи. Ошондой эле бардык тобокелчиликтер эске алынып, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы корголгонун кошумчалады. «Биз баардык тобокелчиликтер менен преференцияларды эске алууга аракеттендик. Мен ошондуктан мыйзам долбоорго коркпой туруп кол кое алам. Негизги тобокелчиликтер такталды. Евразиялык экономикалык биримдиктин баардык мамлекеттер бизди колдоду. Андан тышкары биз жакшы преференцияларга жетише алдык. Биздин ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун алдында такыр башка перс-

пективалар ачылат. Биримдикке кирїїдє бизге 6 млн. эмес, 200 млн. адамдан бир ашык базар ачылат. Биз биримдиктин алыскы жана жакынкы єлкєнлєрїнєн инвестициялардын агымын кїтєбїз. Бул Кыргызстандын экономикасы їчїн жакшы мїмкїнчїлїк. Биз спекулятивдик экономикадан єндїрїш экономикасына єтїшїбїз керек. Бизге Россия жана Казакстан тараптан каржылык жардам берилди», деди А.Атамбаев. Сєзїн андан ары улаган президент Кыргызстан ЕАЭБга кошулуу аркылуу улуттук кызыкчылыгын сактаганын, єлкєнїн кєзкарандысыздыгы тескерисинче бекемделгенин билдирди. Буга чейин айрым саясатчылар, айрым кїчтєр аталган биримдикке каршы акцияларды єткєрїшкєн эле. Ал эми элибиздин басымдуу бєлїгї ЕАЭБди колдоп, мындай кадам мамлекетибизди єнїктїрїїгє жол ачаарын белгилеп келишет.

№ 129 • 22-май, 2015-жыл


6

МАЕК ТЄР

Тамерлан ИБРАИМОВ, саясат таануучу:

“АЛСЫЗДАР” КЇЧТЇЇ САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРГА КОШУЛУУГА УМТУЛАТ” Ушул кїздє єтє турган парламенттик шайлоодо кайсы саясий кїчтєр биригет? Бийлик менен оппозиция кандай ыкмаларды колдонушу мїмкїн? Бул боюнча кыргызстандык саясат таануучу Тамерлан Ибраимов биз менен ой бєлїштї.

- Тамерлан мырза, парламенттик шайлоого карата кайсы саясий кїчтєр биригиши мїмкїн. Сиздин оюўузча кайсы партиялар биригет? - Негизинен бардык эле саясий кїчтєр єз союздаштарын издеп, биригїїгє аракет кылат. “Алсыздар” кїчтїї саясий партияларга кошулууга умтулат. Албетте, бул шайлоодо кїчтїїлєр алдыга озуп чыгат. Аларда парламентке єтїїгє мїмкїнчїлїк да бар. Андыктан кїчтїї партиялар деп бїгїнкї кїндє парламенттегилерди айтсак болот. Буларды каржылык жана административдик жактан кубаттуу дегенибиз менен идеялык жактан сапаттуу тїзїлїш жана курамы бир топ кїдїк ойлорду жаратат. Бул жагынан алып караганда парламентте отурган кээ бир партиялардын кийинки шайлоодон єтїшїнє єтє деле шансы жок. Аларды дарамети боюнча шарттуу тїрдє катарга тизсек: СДПК, «Ата-Мекен», «Республика», «Ата-Журт», «Ар-Намыс» болуп калат. Бул тизмек шарттуу тїрдє гана андыктан шайлоо жакындаганда єзгєрїп кетиши ыктымал. Андан сырткары, парламентке єтпєгєн бир катар партиялардын жеўип чыгууга мїмкїнчїлїгї бар. Алар “Єнїгїї”, “Эмгек”, «Бїтїн Кыргызстан», «Замандаш». Бирок, бул партиялар да биригїї жолун издеп жатат. Кыскасын айтканда азыркы кезде партиялар ортосунда биригїї туу-

ралуу сїйлєшїїлєр кызуу жїрїп жатат. Бул кєрїнїш мындан ары да уланып бир айга чейин созулушу мїмкїн.

- Сиздин оюўузча бийликтин тактикасы кандай болушу мїмкїн? Бийлик жєнїндє айтсак парламенттеги ар бир партиянын фракциясы бар. Буларда кандайдыр бир негизде кїч бар. Ал эми Жогорку Кеўешке кирбей калган саясий топтордун мїмкїнчїлїгї аталган партияларга караганда азыраак деп айтсак болот. Бул боюнча добуш берїї мыйзамына да єзгєртїї киргизилди. Анда шайлоого катыша турган партия 5 млн. сом кїрєє коюшу милдеттендирилген. Албетте, партиялардын шайлоого катышышына кандайдыр бир чек коюу керек. Бирок, мындай тоскоолдук ойлонулуп жасалган жана негиздїї болушу шарт. Ал эми шайлоого катышуу їчїн кїрєє акчанын негизсиз жогору болушу бийликке абийир алып келбейт. Буга биометрикалык маалыматын тапшырбаган жарандар шайлоого катышпайт деген талапты кыйыр тїрдє мисал кылсак болот. Негизи биометрика жакшы курал. Ошентсе да ал шайлоодогу бардык маселени чечип коёт деген туура эмес. Бул жерде биометрика тапшырбаган жарандардын добуш берїї укугун алып салган бир аз туура эмес болуп жатат. Учурда 1 млн. жараныбыз мындай маалыматын тапшыра элек. Эгер калктын 100 пайызы биометрикалык каттоодон єткєндє анда маселе жаралмак эмес. Эгер 200-300 миў адам ушунун айынан шайлоого катыша албай калса алар добуш берїїнї легитимсиз деп жарыялоого укугу бар. Же парламентке єтпєй калган партиялар бул кєрїнїштї пайдаланып кетиши ыктымал. Негизи эле биометрикалык маалымат чогултууда кєп маселелер бар. Ал эми

биометриканын айынан добуш бере албай калган жарандардын гана укуктары бузулбай партияларга да залакасын тийгизет. Ошондуктан бул жагын да карап кєрїш керек. Кыргызстандагы кырдаалды эске алгандай шайлоо єткєрїї бир топ ызычууну алып келиши мїмкїн. Андыктан кандай гана жаўы тартип киргизилбесин аны кылдаттык менен ишке ашыруу керек. Кыргызстанда єнїгїп жаткан демократиялык процесстерге терс таасири тийип калбашы зарыл. Шайлоо боюнча мыйзамдарды мындай єнєктїккє жарым жыл калганга чейин кабыл алган жакшы. Дїйнєнїн кєпчїлїк єлкєлєрїндє да шайлоого бир жыл калганда бул багыттагы мыйзамдарды єзгєртїїгє жол койбойт. Анткени, аны алмаштырган тарап кандайдыр бир кызыкчылык їчїн мындай нерсени жасап коюшу мїмкїн. Азыркы кырдаалды алып караганда жаўы кабыл алынган шайлоо мыйзамы парламентке єткєн партияларга ыўгайлуу, ал эми сыртта калган партиялар їчїн бир аз ыўгайсыз болушу ыктымал. Азыркы бийлик да алешемдиктерге жол бербей, шайлоону таза єткєрїїгє аракет кыларына ишенип туралы. Ал эми шайлоо боюнча ашыкча тосмолорду колдонуу административдик кїчтї ашыкча колдонууга жол ачат деп айтсак болот.

- Оппозициянын тактикасычы? Азыркы учурда саясий кїчтєрдїн оппозицияда калуусу канчалык ыўгайлуу? Менин кєз карашымда бїгїнкї кїндєгї оппозиция майдаланган, реалдуу идеясы жок, єлкєдє реформаларды жїргїзїї боюнча олуттуу программасы жок жана эл колдогон лидери жок саясий кїчкє айланды. Бийликте турган айрым партияларда деле мындай кєрїнїш бар. Ушундай кырдаалда оппозицияда калуу ыўгай-

луубу? Мен мындан эч кандай пайданы кєрбєй турам.

- Сиз кандай ойлойсуз, парламенттик шайлоонун мєєнєтїн жылдырууда пайда алып келїїчї кїч Кыргызстанда барбы? - Азырынча коомдо мындай абройлуу жана таасирдїї кїчтї кєрбєй турам. - Сиздин оюўузча шайлоо єткєрє турган мамлекеттик органдар (БШК, МКК) аны єткєрїї боюнча техникалык жактан даяр боло алабы? - Жаўы тартиптерди эске алганда азырынча бул боюнча ооба же жок деп кесе айтуу мїмкїн эмес. Учурда бир катар тобокелдиктер бар. Анын їстїнє биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандар шайлоого катышпай турганы жана добуш берїїнї автоматтык тїргє єткєрїї аракети кєрїлїп жатат. Жакынкы айлар чечїїчї мезгил болот. Мунун баарын жасоого жетишеби жокпу аны айтуу кыйын. Кєрєбїз го.

АЛТЫНДЫ БАСЫП АЛЫП ЖАТА БЕРБЕЙ, ИШТЕТЕ БИЛГЕНДЕ ГАНА ПАЙДАСЫН БЕРЕТ

Кыргыз элинин турмуштун ачуу чындыгынан алынган уламыштары, жомоктору арбын эмеспи. Алардын биринде мындай деп айтылат: Илгери-илгери єткєн заманда эки бир тууган жашайт. Алардын бири бир кїнї аттын башындай алтын таап алат экен. Экинчиси болсо, бир ууч буудай таап алат. Аттын башындай алтын тапканы аны бир тууганы менен бєлїшїїдєн качып, алтынды жонуна илип алып жер кезип № 129 • 22-май, 2015-жыл

кетет. Аны саткысы да келбейт, иштеткиси да келбейт. Кєзїнєн нуру кайтып, ачкалыктын азабына батса да, кийими жедеп эскирсе да баягы алтынды жонунан тїшїрбєй кєтєрїп жїрє берет. Ошентип ортодон 3-4 жыл убакыт єткєрєт. Ал жигит уктаса да алтынды жонунан тїшїрбєйт. Ошентип жїрїп, акыры кайра єзїнїн айылына кайтып келет. Келсе баягы бир ууч буудай таап алган бир тууганы аны жерге айдап, адегенде биринчи жылы азыраак болсо тїшїм алган болот. Ал тїшїмїнєн жегенге азыраагын алып калып, калганын дагы жерге айдайт. Ошентип 3-4 жылдын ичинде тытынган эмгеги менен бардарчылык турмушка жетишип калган болот. їй-бїлєсї менен бактылуу жашап, кеч кїїгїмдє їйлєрїндє тамактанып отурса, баягы аттын башындай алтын тапкан бир тууганы кирип келет. Кєзїнєн нуру качкан, жедеп арыктаган, жїдєгєн. Бир тууганын кєрє калган їй ээси ордунан тура калып, кучактай калат. Анан тєргє отургузуп, тамактандырат. Ал-жайын сурайт. Анан анын жо-

нунда кєтєрїп жїргєн жїгїн жерге алып, эс алуусун єтїнєт. Ошондо бир тууганы айтат экен: «Муну ошол таап алган кїндєн тарта жонумдан тїшїрбєй кєтєрїп жїрєм. Азыр ал жонума жармашып калып, чыкпай калыптыр» деп. Мына мекендештер, турмуштун ачуу чындыгы. Алтын – бул албетте байлык. Бирок, аны жєн гана карап отура бергенден, же кєтєрїп жїрє бергенден адам баласына пайда алып келбейт. Анын сыўары азыркы тапта Талас аймагында жайгашкан «Жерїй» алтын кенин иштетїїгє кыргыз єкмєтї катуу аракеттерди жасап атса, айрым экономикадан, тоо-кен тармагынан тїшїнїгї жоктор элди тескери жолго їгїттєп, аны иштетїїгє каршылык кєрсєтїп атышат. Эске сала кетсек, їстїбїздєгї жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттигинде «Жерїй» алтын кенин иштетїї жана анын аянтында геологиялык иликтєє жасоого конкурс єткєрїї боюнча конкурстук комиссиянын отуруму болгон. Жыйынтыгында конкурстун жеўїїчї-

сї деп Россиянын «Восток-Геолдобыча» компаниясы табылган. «Жерїй» бул компанияга 100 миллион долларга сатылган. Муну менен албетте «Жерїй» сатылды, эми аны аталган компания каалагандай иштетип, єзїнїн чєнтєгїн гана кампайтып кетип калат деген тїшїнїктї айткыбыз келбейт. Андай эмес. Алтын кени иштетилип баштаса, андан мамлекетибиздин бюджетине тиешелїї салыктар жана милдеттїї тєлємдєр тєлєнєт. Ал жерде жергиликтїї тургундар їчїн жумуш орду табылат. Бул албетте калктын социалдык абалынын жакшырышына жол ачат. Ал эми айрым эл бузарлар айтып аткандай экологияга терс таасирин тийгизет деген пикирлер да эске алынган. Анын баары мыйзамдын чегинде компенсацияланат жана экологияга болушунча камкордук жасалат. Эгерде биз сїйїктїї Кыргызстаныбыздын гїлдєп-єнїгїшїн кааласак, анда жогорудагы жомокто айтылып кеткендей, алтынды жєн эле басып жата бербешибиз зарыл. Аны иштетип, келечектин камын кєрїїбїз зарыл… Дамир ЭСЕНГУЛОВ


7

ИНСАН

МЕНИН ЄТЄ ТАК СААТЫМ - БУЛ АШКАЗАНЫМ Уинстон Леонард Спенсер Черчилл (орусча – Черчилль, англисче Churchill; 1874-1965), журналист, публицист, жазуучу, сїрєтчї, коомдук ишмер, мыйзамчы, Британиянын эки жолку єкмєт башчысы, адабият тармагындагы Нобел сыйлыгынын ээси. Улуу Британиянын даўазалуу мамлекеттик ишмери.

УИНСТОН ЧЕРЧИЛЛ Кийин да (1951-55) Черчилл Улуу Британиянын єкмєт башчысы болгон. 1955-жылдын 5-апрелинда ал єкмєт башчысы кызматынан кетїї тууралуу арызын берген. 1964-жылы 27-июлда акыркы ирет Британ парламентинин лорддор їйїндє (палатасында) отурумга катышкан. 1953-жылы 24-апрелде Черчиллге Британиянын канышасы "лорд" даражасын ыйгарат, ошондон тартып анын ысымына "сэр" деген сый наам кошулуп айтылып калган. 1953-жылы 10-декабрда Черчилл адабият тармагындагы Нобел сыйлыгына татыган (ага атаандаш кєрсєтїлгєн талапкер - америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй болгон, бул жазуучу кийинки жылы Нобел сыйлыгын алган). Черчилль коллекциясы 1.8 миллион

фунтка сатылган. Англиянын мурдагы премьер-министрлеринен Уинстон Черчилль тарткан картина да орун алган коллекция, Лондондогу «Сотбис» аукцион їйїндє 1.8 миллион фунтка сатылды. «Чартвеллде япон балыгы бассейни» аттуу картина 1.4 миллион фунтка сатылса, Черчилль колдонгон пилдин тишинен кооздолуп жасалган тамеки кутусу да 20 миў фунтка сатылды. Черчилль колдонгон кызыл тери менен капталган атайын куту болсо 158 миў фунтка сатылды. Черчилл 1965-жылы 24-январда дїйнєдєн кайткан.

ЧЕРЧИЛЛДИН ТААМАЙ ЖАНА АЗИЛ СЄЗДЄРЇ Уинстон Черчиллдин чукугандай тапкан сєздєрї, азилдери да тарыхта калды.

ДОСТОР ЖАНА КЄРКЄМ ЄНЄР Бир жолу драматург Жорж Бернард Шоу Черчиллге єзїнїн жаўы пьесасынын премьерасына чакырык жиберип, катка мындайча сєз жазып койгон экен: “Єзїўїз менен кошо досуўузду ала келиўиз, бирок андай досуўуз бар экенине

кїмєнїм бар”. Черчилл болсо жооп кылып мындайча куш тилиндей кат жєнєтїптїр: “Ка-ап, бул кечте мен бош болбой калбадымбы! Албетте, мен пьесанын сахнага экинчи жолку коюлушуна кубануу менен барууга даярмын, бирок андай учур болооруна кїмєнїм бар”.

ИНДИЯЛЫКПЫ ЖЕ ИНДЕЙБИ? Тээ 1943-жылы Вашингтондо Ак Їйдє Черчилл конок катары сый тамакта отурганда, ага Хелен Огден Миллз Рид деген айым кайрылып калат. Бул айым “Чикаго трибун” гезитинин британдарды жаман кєргєндїгї менен белгилїї ээсинин карындашы болчу. Айым Улуу Британияны Индиянын элине карата єтє ырайымсыз саясат жїргїзїп жатат деп сынга алат. Ошондо Черчилл берки айымга мындайча жооп кайтарган экен: “Урматтуу айым (Мадам), сєзїбїздї андан ары улантуудан оболу тактоо киргизип алышым керек болуп турат. Деги мен сиздин сєздї туура уктумбу же жокпу? Сиз “индиялык” деген сєздї колдонуп, Индиянын єўї каратору калайыгын - британдык бакыбат башкаруунун шарапаты менен ырааттуу тїрдє жана ал тїгїл тим эле коркунучтуу деўгээлге чейин саны єсїп жаткандарды - айтып жатасызбы, же аталышы окшош болгон “индейлерди” - Американын кызыл терилїї тургундарын, менин аўдаганыма караганда, Кошмо Штаттарда дээрлик кырылып жок боло жаздаган калкты айтып жатасызбы?

Британ мамлекеттик ишмери кашыгына балыктын кара уругунан мелткалт кыла сузат да, жылмайа айтат: - Билесиўерби, Жо байке (Иосиф Сталин) бул даамдуу нерсени мага їзбєй жана, баса белгилеп айтсам, єтє арбын салып тураар эле. Эми мага бул уруктун бир даны тїгїл, таш-балакет да жок болот!

ТАКТЫКТЫН СЫРЫ “Сиз эмне їчїн ушунчалык таксыз?” Бул суроого Черчилл мындайча жооп узаткан экен:

БАЛЫКТЫН КАРА УРУГУ Улуу Британия, АКШ жана СССР гитлердик фашизмге каршы ынтымак тїзгєн жылдары Иосиф (англисче – Жозеф, кыскача Жо) Сталин британ єкмєт башчысы Черчиллге балыктын кара уругун баймабай жиберип турган экен. Черчилл кызматтан кетип, парламентте оппозицияда жїргєн учурунда, 1946жылы 5-мартта АКШнын Миссури штатындагы Фултон шаарында жайгашкан Вестминстер коллежинде даўазалуу “Дїйнєнїн булчуўдары” аттуу сєзї менен чыгып сїйлєйт. Черчиллдин дал ушул сєзї “кансыз согушка” – Батыш менен Советтер Биримдигинин идеологиялык тирешїїсїнє жана жарыша куралдануу дооруна башат ачкан деп айтылып жїрєт. Ошондон кєп узабай Черчилл америкалык “Тайм” журналынын кожоюну уюштурган сый тамакта отуруп калат.

КЫСКАЧА ЄМЇР БАЯНЫ

Уинстон Черчилл 1874-жылы 30-ноябрда Бленхейм аксарайында туулган. Бул аксарай Малборо герцогдоруна таандык болгон. Атасы - лорд Рэндолф Спенсер-Черчилл болсо жетинчи Малборо герцогунун їчїнчї уулу болгон жана учурунда британ парламентине мїчє жана каржы тармагын тейлеген канцлердин кызматын аркалаган. Энеси деди Рэндолф Черчилл (кыз чагындагы аты - Женни Жером) болсо америкалык бай ишкердин кызы болчу. Тарыхта Черчилл єтє оор кырдаалда - Экинчи дїйнєлїк согуш маалында (1940-45-жылдары) Улуу Британиянын єкмєт башчысы болуп, фашисттик Германияга каршы кїрєштї эл аралык деўгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер катары єзгєчє орун ээлеп калды.

Сталин текшертсе, коняк чыгарган "Двин" ишканасынын технология башчысы Маркар Седракян Сибирге айдалган экен да, коняк сапаты єтє начарлаптыр.

- Менин єтє так саатым – бул ашказаным. Маселен, дал ушул кєз ирмемде ашказаным мага тїшкї саат бир болгонун жана тїштєнїї маалы келгенин айтып жатат.

АРМЯН КОНЯГЫ ЖАНА СТАЛИН Бир жолу Сталин Черчиллге армян конягын жибериптир. Анысы жагып калган экен, Черчилл мактаптыр. Анан Сталин улам армян конягын жибертип туруптур. Бир жолу Черчилл "баягы конягыў бузулду" дейт.

Анан Сталин Седракянды кайра Сибирден Ереванга алдыртып, ага Соцэмгек баатыры наамын бердиртиптир. Черчилл коняк ичпей калса, анда армян конягы Бишкектикине таптакыр караандабай калмак экен! :)

№ 129 • 22-май, 2015-жыл


8

ТОЙ-ТОЙ-ТОЙ

Адилет Азимов, ырчы:

“Тойлордон кєп акча таппайм” Кыргыз сахнасында эмгектенип кєптєгєн конкурстарга катышып, байгелїї орундарды камсыз кылып, кыргыздын желегин желбиретип келген мырзаларыбыз саналуу экени барыбызга белгилїї. Ошол саналуу мырзалардын арасында кєптєгєн конкурстарга барып орундарды камсыз кылган, “Baltic Super Star” эстрада ырчыларынын IV эл аралык конкурсунда биринчи орунду алган. Кыргыздын дагы бир сыймыктана алатурган жаш ырчы мырзабыз Адилет Азимов

МЕНИН БАЛАЛЫК БАЛ ТАТЫГАН КЇНЇМ КАРА-БАЛТАГА АРНАЛГАН Мен, 1992-жылы 15-декабрда Бишкек шаарында туулгам. Єзїм сокулук районунун Кызыл-Туу айыл єкмєтїнє караштуу Токбай айылынан болом. 1-класстан баштап 9- класска чейин Кара-Балтанын 3-мектебинде окуудум. Окуучулук кїндєрїмдї аяктагандан кийин Бишкектеги Кїреўкеев атындагы музыкалык мектептке тапшырып ошол жерден музыкалык билим алгам.

ЫРЧЫ БОЛУШУМА АТА-ЭНЕМДИН САЛЫМЫ АБДАН ЧОЎ Ырчы болууга ата-энем тїрткї болгон. Себеби, ата-энем маданият бєлїмїндє иштеген адамдар. Апам актриса кыргыз драм театрды бїткєн, аты Айсулуу Кудайбердиева менин ырчылык їн жагым апамтараптан келген. Ал эми атам бардык аспаптарда ойноо жагынан чебер. Атамдан мага ошол аспаптарда ойноо жагы келсе керек дейм да. Ошондой эле менин бир карындашым бар, карындашымдын да їнї аябай кооз. Карындашым ырычылыкты кесип катары кєрбєйт,анткени башка нерселерге да кызыгат. эгер ырчы болсо биздин эстрадагы мыкты ырчылардан кем калбайт деп ойлойм. Ал эми мага бул ырчылык кесибим катары.

болгондуктан элге бат сиўбейт, анткени менин ырларым конкурска катышуучу ырлар болуп эсептелет. Азыркы учурда элге жеўил, угумду жана єтїмдїї ырларды жаздырып жатам, азыркы учурда їч ырым даяр болуп калды. Жакынкы арада ал ырларыма элдер кїбє боло алышат деген ишеништемин.

ТАЛАНТТЫМДЫН АРТЫНАН КЄП КОНКУРСТАРГА КАТЫШДЫМ Мектепте окуп жїргєндє да ар тараптуу конкурстарга катышып ийгиликтерди жараткам. 2005жылы, 2007- жылы “Жаш талант” конкурсунан 1-орунду алгам. Ал эми чоў мамлекеттик деўгээлдеги конкурстардан, Кїреўкеевди аяктап жатканда “Кадыр тїн 2012” конкурсу єткєн, ал конкурста 2 орунду камсыз кылгам, бул орун менин алгачкы ийгилгим болуп саналат. Ошондой эле 2013-жылы “Мейкин Азияга” катышып 3-орунду жана эл сїймєнчїлїгїнє ээ болгом. Бул ийгилигиме жеткен учурда Консерваторияда 1-курста да окуп аткан кезим болчу. Азыркы учурда ошол эле Консерваторияда 3-курста окуйм.

Иманалиева отурду. Ал конкурс 3 турдан турду, 1 –турда Жамиля муратованын “Аккуумай” деген ырын ырдадым, 2-турда дїйнєлїк хит ырлардан Александра Софинанын “Луна” деген ырын ырдадым, 3-турда орусча “Нактун” деген ырды ырдайын деп жаткам, бул ыр абдан кїчтїї

болдон тышкары сууда сїзїїгє кызыгам, сууга да жума сайын барып єзїмдїн денсоолугама кам кєрїп турам.

ыр болчу балким ошондонбу уюштуруучулар єздїк ырлардан ырда деп калды, мен Атабек Бєдєшовдун “кудай берсе” деген ырын ырдадым. Ал конкурстун жыйынтыгында гран прини Молдова алды, а мен болсо 1- орунду алдым.

Депутаттарыбыз ырчы, тамадалардан налог деп жаткандарына мен макулмун, бирок айга же жылга карап кандайдыр бир сумманы койсо жакшы болот го деп ойлойм. Ал эми патент менен иштєєдє кыйынчылык жаратат болуш керек. Биздин тапкан каражатыбыз єзїбїздїн чыгармачылыгыбзга эле кетет, кєп учурда кийим алууга ыр жаздырууга клип тартканга кетет. Алар бизге бекер келбейт да, алардын бары теў акчага жазалат. Мен єзїм тойлордон кєп акча таппайм. Рахатбек Рысалиев

ЫРЧЫЛАРГА ПАТЕНТ МЕНЕН ИШТЄЄДЄ КЫЙЫНЧЫЛЫК ЖАРАТАТ

ЭЖЕНИН СУНУШУ АРКЫЛУУ АСТАНАДАН 1-ОРУНДУ АЛЫП, 5 МИЎ ДОЛЛАР УТУП АЛГАМ Консерваторияда 3 курс кезимде бир эженин сунушу менен Астана шаарында Шамшы Калдаяков атындагы эл аралык конкурска катышып калдым. Ал конкурска 1 ай даярданып эмгектенип, эмгектин акыбети 1-орунду камсыз кылып, 5 миў доллар утуп алгам. “Жаўы толкунга” катышып жарым финалдан соў єтпєй калдым. “Тїрк вижиеон” конкурсуна да катыштым, бирок ийгилик болгон жок.

РОССИЯДАН 1-ОРУНДУ АЛЫП КЕЛДИМ Жакынкы арада эле болуп єткєн конкурска Россиянын Санк-Петербург шаарына Кыргызстандын атынан баргам. Калыстар тобунда Кыргызстандын атынан биздин белгилїї ырчы эжекебиз Айчїрєк

ЫРЛАРЫМДЫ АР ДАЙЫМ ИЗДЕП ЖЇРЇП ТАБАМ Мен єзїм ыр жазбайм, издеп жїрїп обону жакшы ырларды аткарам. Кєўїлїмє оор ырлар жагат. Кєбїнчє ырларым оор

№ 129 • 22-май, 2015-жыл

МЕН ЖАНА СПОРТ Мен музыкадан тышкары кызыгуучу нерселерим бар. Эми эркек болгон соў албетте азыр баары кызыгып ойноп жїргєн футболго мен да кызыгам. Жума сайын досторум менен ойноп турабыз. Фут-


20 ЖЫЛДЫК ШАЙКИЕВА Акгїл Турганбековна Кыргыз-Тїрк “Манас” университетинин кызматкери:

9

“Классташ – деген сєз, мен їчїн бир тууган...”

Адамдын эў бактылуу кїндєрїнїн бири болуп мектептеги кїндєр болуп саналат. Кєз ачып жумганча убакыт учкан куштай зымырап єтїп 10 жылдык, 20 жылдык классташтардын жолугушуусу єтїп турат. Ал жолугушууларда бир аз болсо да мектептин мезгилине кайтып єткєн, кеткен кїндєрдї эстешип бир чер жазышып алышат эмеспи.

- Сиздин бала чагыўыздагы кыялыўыз? - Эў сонун суроо узаттыўыздар, ыракмат. Бала чагымда кєп эле нерсени кыялданчумун. Кєбїнчє ак халат кийип иштесем деп. Эў башкы кыялым эсимден кетпейт. Элибиздин улуу инсаны Чынгыз агайыбыздай мен дагы сырт жакка чыгып келсем, сырт жакта окусам дээр элем. Эў башкысы ушул кыялым орундалды. 1995-жылы Тїркия мамлекетине окуганы жєнєп кеттим. - Кантип Тїркияда окуп калдыўыз? - Мектепти аяктаарым менен борбор калаадагы Медициналык орто окуу жайына тапшырып, окууга єттїм. Эсимден кетпейт… Окуу башталганына 1 апта болгондо, анатомия сабагы учурунда «Шайкиева, директор чакырып жатат» деп калышты. Баары мени карап калышты. Келе элек жатып эле, директорго чакырылганы эмнеси дегенсип. Барсам 100 гє жакын кыздар чакырылыптыр. Ошолордун ичинен мен тандалып калдым. Ошентип Тїркия мамлекетинин бир Медициналык орто окуу жайында окуп калдым.

- Сизди ойлонткон эки нерсе (жаштар, окуучулар жєнїндє). - Биздин бала чакта азыркы жаштарга, окуучуларга сунушталган мїмкїнчїлїктєр чамалуу эле. Биз окуп жїргєн

убакта ар кандай курстар аз эле. Компьютерди билбей чоўойдук десем болот... Азыр жаштарды карап, кандай бактылуу жаштар деп, кєп ойлоном. Окуу, билим жагынан ар тїрдїї мїмкїнчїлїктєр кєп. Ушул мїмкїнчїлїктєрдї туура пайдаланып калышса деп ойлом. - 20 жыл сиз їчїн кандай ийгиликтерге жетише алган жылдардан болду? - Чыўгыз Айтматовдун бир сєзї абдан жагат. «Адамга эў кыйын нерсе – бул кїн сайын адам болуу». 20 жыл ичинде эў башкысы адам болдум. Атагым алыска чыкпаса дагы, єз чєйрємдє ишимде ийгиликтїї, пайдалуу адам болдум десем жаўылышпаймын. - Классташ деген сєздїн мааниси? - Классташ – деген сєз, мен їчїн бир туугандай болгон жакын кишини билдирет. Ак фартук кийип, ак бантикти башыўа байлап, ата-энеўдин колун жетелеп, мектептин босогосун аттаган кїндєн баштап, 11-жыл бирге окуган киши. Кулк мїнєзїмдї 5 колдой билген теўтуштарым.

Колдон келсе, ошол бойдон кала бергин келет, бирок жашоо ар кимдин жолун ар тарапка алып барат тура...

- Окуучулук кїндєрдї эстегенде, кандай ойлор ойго келет ? - Биринчиден, окуучулук кїндєрїмдї эстесем, эмнегедир мектептин маўдайында аккан Кара-Суубуз эсиме келет. Ошол сууга доска сїрткєн чїпїрєктї жууганыбыз... Класстагы ар кандай тентектик кїндєр. Бїтпєгєн сєздєрїбїз, талаш-тартыштарыбыз... Колдон келбейт, келсе окуучулук кїндєрдї кайрып алсак гана атаганат... - Классташтар жєнїндє макал же анекдот айтып бере аласызбы? - Мен болгон окуяны эле айтып кетейин. 7-8 -класста окуп жїрсєк керек. Биз эски мектепте орус тил кабинетинде окудук. Керимаалы агайдын сабагы болчу. Агай келээрде баарыбыз досканын артындагы бєлмєгє кирип, жашынып калдык. Агай кабинетке кирип келип, булар кайда кетишкен ыя деп, кайра чыгып кетти. Ушундай шок балдар элек... - Биринчи мугалим жашоодо кандай роль ойнойт? - Алгачкы мугалим окуучунун билим алуу башаты деп койсок болот. Алгачкы алынган билимдин тамыры канчалык тереў жана бекем болсо, кийинки кабыл алуучу билим дагы сабагы бийик жана мємєлїї болот. Алгачкы мугалимдин берген билими єтє маанилїї. Биздин биринчи жана бала чагыбыздын алгачкы “А” деген арипти тааныткан мугалимдерибиз ыраматылык Бектурова Секин эже менен Абдыгазиева Секин эже. Бал таттуу бала кыялыбызда эжейлерибиздин ар бир айткан кеби биз їчїн єтє чоў мааниге ээ болуп, сыйкырдуу кїчї бар эле. Алар бизди улам алга шаштырып тээ бийиктерге азгырып туруучу. Алардын берген билим таалими бизге ар дайым шыкак болуп, алдыга сїрєп бизге кїч дем берип тураар эле. Ыраматылык Бектурова Секин эжейибиздин жаны бейиштен орун алып, топурагы торко болсун.. - Мугалимдер окуучуга їлгї боло алабы? - Балага їйдїн тарбиясынан тышкары мектептин тарбиясы дагы абдан маанилїї. Окуучуга мугалим 100 пайыз їлгї боло алат дээр элем. “А” тамгасын мугалимден їйрєнєбїз. Мугалимдин їйрєткєнї менен мектепти бїтєбїз, керек болсо, мектепте їйрєнгєнїбїз менен жашоого кадам таштайбыз. Алар бизге, коомго чоў їлгї. Мугалимдин берген сабагы гана эмес, мугалимдин отурганы, кийингени, сїйлєє маданияты, ар бир сєзї окуучуга сабак жана їлгї. Мугалим сабак гана бербестен, жашоо сабагын дагы, жїрїмтурумду, эл менен баарлашууну, коомдо єзїн кандай алып жїрїїнї їйрєтїїчї, жалпылап айтканда – АГАРТУУЧУ.

- Жалпы куттуктооўуз. Албетте, эў биринчи куттуктоо сєзїм сиздерге арналсын. Ишиўиздерге албан ийгилик. Мага гезитиўиздердин барагынан орун бергендериўиз їчїн абдан ыраазымын. Гезитиўиздердин шааны эч качан єчпєсїн демекчимин. Учурдан пайдаланып, апама чооў ыраазычылыгымды билдиргим келет. Єзїўїздїн жеке жашооўду биз їчїн арнаган алтын апам, мага їйрєткєн турмуш сабагыў, билимиў, мээримиў їчїн сизге чооў ыракмат! Бизди элине-жерине пайдасы тийген уул-кыздардан болсун деп эмгегин аябаган ата-энелер, сиздер бар їчїн биз барбыз. Сиздерге тереў таазим!. Болгон эмгегин жумшап, уядан учкандан кийин алган билимин улантып кетсин деп, шоктугубузга карабай, талыкпай эмгектенип келе жаткан мугалимдер, сиздерге єзгєчє таазим!

Элим, айылым ар дайым бар болсун! Жаштардын алган билими, элимдин кеўпейили менен айылдын даўкы эч качан єчпєсїн. Ар бириўиздерге ден-соолук тилеп, кичинекей бєбєктєрїмдїн кєздєрїнєн єєп, улууларга таазим. Гезитиўиздер аркылуу дагы бир жолу жалпы классташтарымды куттуктайм! Ар бириўиздердин ишиўиздерге ийгилик, їй-бїлєєлїк бакыт. 20 жылдык мааракеўиздер баардыгыбызга жакшы маанай тартууласын демекчимин. Рахатбек РЫСАЛИЕВ

№ 129 • 22-май, 2015-жыл


10

КАТ КУРЖУН

Бишкек ТЭЦи:

МОДЕРНИЗАЦИЯЛООНУН БИРИНЧИ КАДАМЫ 15-майда “Электр станциялары” ААКнын демилгеси менен Бишкек шаарындагы ТЭЦке журналисттер їчїн пресс-тур уюштурулду. Негизи бул сапарда ысык суу єчкєнїнїн пайдалынып ал жерде кандай жумуш жїрїп жатканын билїї максатында барганбыз. Бирок, кєпчїлїк журналисттер Бишкек ТЭЦин модернизациялоо кандай нукта жїрїп жатканына кызыкты. Таў эрте, кїн эми кєтєрїлїп жатат. Журналисттер тобу колдоруна каска кармап алып ТЭЦтин кызматкерлери менен жылуу учурашты. “Алгач башыўарга касканы кийгиле, андан кийин имарат ичине киресиўер. Бул силердин коопсуздугуўар їчїн. ТЭЦте оўдоо иштери жїрїп жатат ошондуктан кооптуу”, - деди алгач эле. Ал жерден биздин топко мекеменин башчысы Андрей Воропаев жана ТЭЦти модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кошулду. «Бишкекте ысык суу 12-майда єчїрїлдї. Бул жыл сайын кайталанып туруучу кєрїнїш. Бир ай аралыгында бул жердеги бардык тетиктер оўдоодон єтєт. Негизги оўдоп-тїзєє иштерин ТЭЦ эмес «Бишкектеплосеть» ишканасы жїргїзєт. Андыктан алар ысык суунун єчїрїлїшїнє кызыктар. Анткени, баардык тетиктерди оўдоо їчїн ушундай кадамга барыш керек”, - дейт Андрей Воропаев. Бул жерде ысык суунун єчїрїлїшї тууралуу сєз токтоду. Барып эле журналисттер ишканынын модернизациясына кызыгып туруп алды. Бирок, бул сапардын уюштуруучулары коштоп жїргєндєрдєн алыс кетпєєнї эскертти. Чындыгында айланабызда оўдоо иштери кызуу жїрїп жаткан экен. Ал аўгыча ары жактан темир металл учуп тїштї. «Кооптонууга негиз жок. Бул кадимки эле кєрїнїш. Жумуш єз тартиби менен жїрїп жатат. Эскирген тетиктерди кай-

радан жаўылап жатабыз”, - деп Темирлан Бримкулов бизди сооротуп. Бишкек ТЭЦин модернизациялоо їч багытта жїрїп жатат: долбоорлоо, ыўгайлуу иштєє їчїн шарттар тїзїлгєн. Негизи модернизациялоо долбоору алдын ала макулдашылган. Ал їчїн 3,1 млн. долларга бааланган атайын тетиктер алынып келинген. Ошондой эле, кошумча каражаттар їчїн эки трансформатор 8 млн. 233 млн. доларга келди. Июнь жана июль айларында жаўы тетиктерге заказ башталат. Баары болуп 8 котел 4 генератор тїтїктєр жок кылынат. Алардын ордуна 2 жаўы котел жана кубаттуулугу 150 мегаватт болгон 2 генератор орнотулат. Демонтаж болуп жаткан жердеги биздин маектешїї бир мїнєткє да жетпеди. Жетекчилер жумуш графиги бир мїнєт токтобошу керектигин билдирди. Чындыгында, келерки жылуулук мезгилине

даярдык кєрїї да жоопкерчиликтїї иш. Жылуулук борбору алдына койгон иштерин єз маалында бїткєрїїгє ашыгып жатыптыр. “Бул жылы 450 тонна жергиликтїї, ал эми 900 миў тонна кємїрдї сырттан ташып келїїнї пландап жатабыз. Келе жаткан кїз жана кыш мезгилдериндеги жылуулук берїїгє 14 котел жана 7 агрегат тїтїктєр катышат. Бул тетиктер талап кылган 360 мегаватты толугу менен камсыздайт”, - дейт успокоил Андрей Воропаев. Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо иштери алдыўкы эки жылга чейин жїрєт. Биринчи блокту орнотуу 2017-жылдын июнь айына пландаштылылса, экинчиси август айында орнотулат. Эми мындай самаалыкка ишенип туралы. Аткаминерлер деле сєзїндє туруп максаттарын ишке ашырса керектир.

КЫЗАЛАКОВ КЫРДЫН УЧУНДАБЫ?

Кочкор районунда мамлекеттик басылма катары таанылган “Эмгек Туу” коомдук гезитти азыркы учурда мышык ыйлай турган абалга келгенин аймактык кабарчыга чалып кабарлашкан. Ага чейин район, облус жетекчилеринен тыўгылыктуу жооп ала албаган окурмандар президенттин администрациясына жана маданият министрлигине кайрылуу жєнєтїшкєнїн кабарлашкан. Єзїн Жайлообаев Сабыр деп тааныштырган Исакеев айылынын тургуну. “Эмгек Туусу” кочкордун мурунку акими Байтереков Курманбекти эки бет кылып, кочкор сотунун мурунку тєрагасы Астаркуловду кошуп мактаса болот. Биз карапайым эл материал бергенге барсаў эшигинин алдына жолотпойт. Кайда калыстык? Кайда мамлекеттик жетекчилер ушундай чалдарды азыркыга чейин кармап олтурушканы. Єзїнїн менчик гезитиндей эле такай єзї чыга берет. Айыл аралап барып маек алганын уга да, кєрє да элекпиз. Мен эмес жалпы эл каршы болуп жатат, жаштарга орун бошотуп кетсе жакшы эле болмок сєзгє калбай. Эмне демекчибиз окурман, пенсия курагы келип калган инсандарыбыз эс алып неберелеринин кїлкїсїнє арбалып, їйдє кадырлуу карылыкты кечирсе демекчибиз

ГЇЛЧАМБАР

КОШ, АСЫЛКЕЧ СИЎДИМ! Бїгїн сенин кыркылыгыўды єткєрїп жатышат. Чогуу иштегендер дагы чогулушуп сенин арбагыўа таазим этип келїї максатында сенин киндик каныў тамган, сен мемиреп койнунда тынч уктап жаткан жериў ТЕГЕНЕГЕ кетишти. А мен болсо бара албадым... Сен капилеттен кєз жумган кїндєн баштап жаркылдап жїргєн элесиў кєз алдымдан кетпей койду. Сен жєнїндє эскерме дептерин ачтым, Сїрєттєрїўдї чогултуп, биздин Кара-Кєл шаарынын кандай кадыр барктуу инсаны болуп калгандыгыўды, сени жоготуу жакындарыў їчїн оор жоготуулардын бири экенин сенин энеўе, бир-туугандарыўа далилдєє максатында, сенин жаркын элесиўдин эсте калаарлык кылып жакшы фото-видео слайд жасоонун аракетинде жїрдїм. Сени видео ма-

№ 129 • 22-май, 2015-жыл

териалдардан кайталап кєрїп сенин чын эле бул ааламда жок экендигине ишене албадым, ыйладым, буулуктум, сени жоктоп сыздадым. Сенин сїрєттєрїўдї карап олтуруп сага суроо бердим;- ЭМНЕГЕ??? ЭМНЕ ЇЧЇН??? КАНТИП УШУНДАЙ БОЛУП КЕТТИ??? Сени ойлоп, жоктоп, ыйлай берип жїрєгїмє кїч келип реанимация бєлїмїнє тїшїп калдым... Эки кїндєн кийин сен башкарчу терапияга которулдум. Мени жаркылдап тозуп алчу кїндєрдї эстедим, ыйладым, ичим туз куйгандай ачышты, аттиў сенин элесиўди таппадым. Сага, сенин арбагыўа, апаўа, туулуп єскєн жериўе, бир туугандарыўа таазим этип келїї їчїн сенин кыркылыгыўа барсам деген тилегимди таш каап, ооруканада сенин арбагыўа таазим этип куран окуп сага багыштагандан башка аргам

калбады. Себеби мени дагы кыйналып каласыў дешип, сенин кесиптештериў барууга уруксат бербей коюшту. Бїгїн сени жоктоп жаратылыш дагы ыйын, жашын тєгїп турду. Токтобой нєшєрлєп жамгыр жаап жатты. Шамал аралашкан жамгыр жаап бїгїн чыгарып, ызаасын тєгїп жаткансыды, муўун айтып тургансыды. Ырыскан сиўдим сен жєнїндє жаза берсем сєз тїгєнбєйт. Аз ємїр сїрсєў дагы саз жашадыў. Себеби дарыгер деген эў ардактуу кесиптин татыктуу ээси болдуў, їй-бїлєє куруп эки мончоктой балага эне болдуў. Бакыттын жароокер жары болдуў. Жашыўдан бєлїм башкарып, канча оорулуу адамдын алкышына татыдыў, батасын алдыў, эл оозунан тїшпєдїў. ЫРЫСКАН асылкеч сиўдим сен биздин жїрєгїбїздє, сезимибизде ар дайым тирїїсїў, сенин жаркылдап ачык айт-

кан сєздєрїў, кїлкїў, элесиў дайыма биз менен бирге болоор. Сенин ыйык ЫРЫСКАН деген атыў сен дарылаган Кара- Кєл шаарынын ар бир жашоочусунун жїрєгїндє сакталат деген ишеничтемин. Сиўдим бейиштин багын аралап, анын мємєлєрїнєн даам татып периште катары жїрєт деп єзїмдї єзїм сооротуп келем. Жаткан жериў жайлуу, топурагыў торко болсун! Эжеў Айнура


ЖЕРГИЛИКТЇЇ ЖАЎЫЛЫКТАР ДОНЕЦКТЕГИ ЧАТАКТАРГА КАТЫШКАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРГА АЙЫНА 100 МИЎ РУБЛДЕН ТЄЛЄШЇПТЇР, - депутат

Донецктеги согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктарга 1 айына 100 миў рублден тєлєшїптїр. Бул тууралуу 21-майда депутат Турсунбай Бакир уулу («Ар-Намыс») билдирди. Парламент чет мамлекеттердеги куралдуу согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктарды 8-12 жылга эркинен ажыратуу жєнїндєгї мыйзам долбоорду карап жатат. Талкуунун жїрїшїндє Т.Бакир уулу кыргызстандыктар, Сириядагы эле эмес, Украинадагы чатактарга да катышып жатышканын билдирди. «Кєрсє Донецктеги чатактарга катышкан кыргызстандыктарга айына 100 миў рублден тєлєшїптїр. Алар бир-эки ай жїрїшєт, андан кийин аларга 5 кїнгє єргїї беришкен», - деди ал.

ЭЎ БАЙЛАР ЖАНА ОЛИГАРХТАР НАРЫН МЕНЕН АЛАЙДА, - ЖК депутаты Ж.Жолдошева Мындай пикирди 18-майда ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Нарын шаарында болгон кєчмє жыйыны учурунда ЖК депутаты Жылдыз Жолдошева билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы. Анын маалыматында, жеке ишкерлер, оор жїк тарткан унаалар салык тєлєшї керек. Элдин акчасына єкмєттїн акчасына салынган жолдордон унаа каттамдарына салык тєлєнїшї керек, ошол каражаттар ар бир облустарга калышы керек.

ПАРЛАМЕНТ ЖОГОРКУ СОТТУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНА К.АБДИЕВ МЕНЕН Ж.СААЛАЕВДИН ТАЛАПКЕРЛИГИН ЖАКТЫРДЫ

«Ошол эле шагыл, ошол эле топурак биздики, ошол эле таш дагы биздики. Мурда салынган жолдор менен азыркы салына турган жолдордун айырмасында

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАСАЛМА МАЙОР ЧИНИ МЕНЕН ЭЛДИ АЛДАГАН КИШИ КАРМАЛДЫ Аскердик форма менен жасалма майор чинин тагып, єзїн аскер бєлїктїн жетекчи орун басарымын деп тааныштырып, дїкєндєрдєн алдоо жолу менен буюмдарды алып жїргєн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сєз кызматы билдирет. Шектїї жаран мындан сырткары сузактык тургундун уулун аскерден алып калуу максатында да акча доолап алган. Бул багытта Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергєє амалдары жїрїїдє. Жабырлануучулар мындан да кєп болушу мїмкїндїгї айтылууда.

Парламент Жогорку соттун Конституциялык палатасына Курмантай Абдиев менен Жедигер Саалаевдин талапкерлигин жактырды. Чечим 21-майдагы парламенттин отурумунда кабыл алынды. Талапкерлерди Жогорку Кеўешке президенттин парламенттеги єкїлї Молдакун Абдылдаев тааныштырды. Курмантай Абдиевдин талапкерлигине «макул» 72 депутат добуш берсе, «каршы» 21 деппутат добуш берди. Добуш берїї учурунда 93 депутат катталды.

Жедигер Саалаевдин талапкерлигине «макул» 60 депутат, «каршы» 32 депутат добуш берди. Курмантай Абдиев менен Жедигер Саалаев аталган кызматтарына 7 жылдык мєєнєткє шайланышты.

Т.САРИЕВ, К.КУЛМАТОВ МЕНЕН К.ИСАЕВ КООПСУЗДУК БОЮНЧА КЕЎЕШТИН ОТУРУМУНА КЕЛБЕГЕНДИГИНЕ АЧУУЛАНДЫ

Єкмєт башчы Темир Сариев Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен Чїй облусунун губернатору Канат Исаевдин укук тартиби жана коопсуздук боюнча Кеўештин отурумуна келбегендигине нааразыланды. «Шаар мэри кайда? Губернатор кана? Алар отурум жєнїндє бир жума мурда маалымат алышкан. Аларды тезинен чакыргыла», - деп талап кылды Сариев. Аппарат кызматкерлери губернатор аза зыйнатында жїргєнїн маалымдашты.

БИШКЕКТЕН АКШга ВИЗА АЛЫП БЕРЇЇ УБАДАСЫ МЕНЕН 40тан АШУУН АДАМДЫ АЛДАГАН АЙЫМ КАРМАЛДЫ

АЛАЙДА ПОЧТА КЫЗМАТКЕРИ САБАЛЫП, ПЕНСИЯГА БЄЛЇНГЄН 450 МИЎ СОМ УУРДАЛДЫ

Бишкекте Октябрь РИИБдин кызматкерлери АКШ визасын алууга ортомчулук кызматын сунуштап жїргєн алдамчы адамды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сєз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ага 40 адам алданган. Ал эми алдамчылык менен алектенген айым алардан 300 миў доллар єндїрїп алган.

Ош облусунун Алай районунда пенсия їчїн бєлїнгєн 450 миў сом єлчємїндєгї каражатты тоноп кеткендер кармала элек. ОИИБдин басма сєз кызматынын маалыматына ылайык, 18-майда СопуКоргон айылынын аймагындагы унаа жолдо бара жаткан 37 жаштагы почта кызматкери белгисиз эки адам тарабынан ур-токмокко алынып, жанындагы сумкага салынган акчаны уурдаткан. Учурда кылмышка шектїїлєр изделїїдє. Кылмышка шектїїлєр 25-30 жаштардагы балдар болушу мїмкїндїгї айтылууда.

районунан 1 эксковатор, №4 Муниципалдык аймактык башкармалыгынан 5 адам, Бишкек шаарынын тазалык кызматынан 1 самосвал жана 14 адам, Бишкек тролейбус башкармалыгынан (БТУ) 1 эксковатор тартылды. Аталган ведомствонун №28 адистештирилген єрт-куткаруу бєлїмїнєн 6 куткаруучу, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 7 куткаруучу турак-їйлєрдїн ичинен суу сордуруу иштерин аткарышты. Шербет кєчєсїндє 1, Бердибаева кєчєсїндє 1, Тїштїк магистрал кєчєсїндє 2 турак-їйдїн жер тєлєє, короо сарайларынан суу сордурулуп, тазаланган. Тез арада кылыбына келтирїї иштерин жїргїзїї, їйлєрдїн жер тєлєлєрїн дезинфекциялоо, кооптуу болуп калган турак-їйлєрдїн абалын Єзгєчє кырдаалдар министрлигинин мониторинг жана єзгєчє кырдаалдарга божомол жїргїзїї департаменти тарабынан изилдєє иштерин жїргїзїї зарыл, - деп маалымдайт ведомство.

БИШКЕКТЕ НЄШЄРЛЇЇ ЖАМГЫРДАН УЛАМ СЕЛ ЖЇРДЇ

АСТАНАДА АЯЛДЫ ЄЛТЇРГЄН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАН 10 ЖЫЛГА КАМАЛДЫ

ЧЕК АРАДАН МЫЙЗАМСЫЗ ЄТЇЇГЄ АРАКЕТ КЫЛГАН 9 КИШИ КАРМАЛДЫ

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Баткен облусунун Канды аймагында чек араны мыйзамсыз кесип єтїїгє аракет кылган Єзбекстандын беш жараны кармалды. Алардын жанында тиешелїї документтери болгон эмес жана алар бараткан жїк ташуучу автоунааны кароо маалында аткезчилик менен алып бараткан жїк табылган. Кармалгандар Кадамжай райондук ички иштер бєлїмїнє єткєрїлїп берилди. Ушул эле кїнї Оштун Араван районуна караштуу Эсенбай аймагынан чек араны мыйзамсыз єткєнї жаткан документсиз їч єзбекстандык кармалды. Ал эми Баткендеги “Бордєбє-автодорожный” чек ара бекетинен башка бирєєнїн паспорту менен єтїїгє аракет кылган эки кыргызстандык, Тажикстандын бир жараны кармалган.

кєп каражаттар бар. Муну менен мен эмнени айткым келип атат, чоў суммадагы каражаттар кантип жумшалып атканын сурасак, кымбат экенин айтып атсак бетон кымбаттап кетти деп жооп кайтарып атасыздар. Бул биз жасаган жолдордон жеке ишкерлердин оор жїк ташыган унаалары кєп каттап атат. Алардан кандайдыр бир салык алынышы керек. Биз жол курсак, алар талкалап отурушса болбойт. Бул боюнча сунуш долбоор иштеп ЖК га алып келишиўер керек», - деди Ж.Жолдошова. Ал кошумчалагандай, учурда эў ири байлар, олигархтар Нарын менен Алайда. Ошол эле Нарын менен Ош-Бишкек, Алай жолдорунда талкаланган жолдор арбып келет.

11

КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК

«Алдамчы аз акчага визаны ачууга жардам сунуштаган. Сумма $6,5дан $13 миў чейин болгон. Тез арада виза ачууну каалаган Бишкектин тургундары анын номурун жарыялар аркылуу алышкан. Бирок кардарлар белгиленген убакта документтерин кєрє алышкан эмес жана алдамчы алардын акчасын кайтарууну ойлогон да эмес», - деп айтылат маалыматта. Октябрь РИИБдин тергєє бєлїмї тарабынан кылмышка шектїїгє карата КРнын Кылмыш кодексинин 166-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бишкек ШИИБден маалым болгондой, учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. «Эгерде сиз дагы аталган адамдын куру убадаларынан жабыркаган болсоўуз, Октябрь РИИБдин кылмышкерлерди издєє бєлїмїнє кайрылыўыз. Байланыш телефон номурлары: 0 554 102 135, 0 554 102 184, 0 554 102 286», - деп билдирет басма сєз кызматы.

19-майда саат 16:40 чамасында алдын ала алынган маалыматтар боюнча катуу жааган жаандын кесепетинен Арча-Бешик конушунда Манка-Жар коктусунан келген сел агымдары сел єткєрїїчї каналдын жээгинде жайгашкан турак-їйлєрдї жана чарба курулуштарын каптаган. Бул тууралуу Єзгєчє кырдаалдар министрлигинин басма сєз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Тїштїк магистрал менен Чортекова кєчєсїнїн кесилишинде 6 турак-їйдїн короо жайын суу каптаган. Жогорку Орок айылында 1 турак-їйдїн бастырмасынын дубалын тешип кеткен, Шербет кєчєсїнєн 3 їйдїн короо жайын, Бердибаева кєчєсїндє 2 турак-їйдїн короо жайын каптаган, Безымянный кєчєсїндє 1 турак-їйдїн короо жайын, Жети-Тїтїн кєчєсїндє 2 турак-їйдїн короо жайын каптаган. Жогорудагы кєчєлєргє Єзгєчє кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкамалыгынын ыкчам тобу чыгышып, жеринде тїзїлгєн кырдаалды жоюу иштерин жїргїзїштї. Коргоо иш-чараларын жїргїзїї їчїн каналдын ичин тазалоо иштерине Ленин

Астанада аялды єлтїрїїгє айыпталган Кыргызстандын жараны 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 19-майда Астана шаардык сотуна шилтеме берїї менен «Новости-Казакстан» сайты маалымдады. 30 жаштагы кыргызстандыктын иши Астана шаарынын райондор аралык соту тарабынан каралган. «К., аттуу кыргызстандык жеке мамилелери келишпегендиктен жабырлануучу эсинен танып калганча муунткан. Андан кийин кєкїрєгїнє бычак менен сайган. Аял окуя болгон жерде каза тапкан. Кармалган адам 10 жылга абакка кесилди», - деп айтылат Астана сотунун маалыматында. Соттолуучу кїнєєнї толугу менен мойнуна алды.

№ 129 • 22-май, 2015-жыл


12

КРИМ ДЇЙНЄ

КАРА-БАЛТАДА 301 ЖАНДЫК УРДАГАНДАР КАРМАЛДЫ

Кєп улуттуу Чїй облусунда, ички миграциянын басымдуу бєлїгї отурукташып, жери жайлуу болгондуктан мал багып же талаа иштетип, ак эмгеги менен оокат кылган мекендештерибиз арбын. Бирок, “кой аксагы менен миў” дегендей эл ичинде оўой оокат менен кїн кєргєндєрї да жок эмес. Кєп жылдан бери элдин малын жана башка баалуу буюмдарын кымырып алып жїргєн їй-бїлєнїн кылыгы билинип ачылбай жїргєн кылмыш иштеринин бир нечесинин бети ачылды. Кара-Балта шаарынын Гидропартия участкасында тээ союздан калган жарымы бузулган сарайды сыртынан караган адамга анын кєрїнїшї дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенип, єзїнїн ак эмгеги менен кїн кєргєн їй-бїлє жашайт деген ойго алып келет. Себеби, эки жанаша турган кароосу жок сарайдын алдында бузулган трактор, комбайн, камаз жана башка жеўил унаалардын бузулганы да оўу да турат. Сарайларда камалган музоо, кой, уй жана жылкы жаныбарлары арбын болгондуктан їй ээлеринен сырт-

кары малчылар да жашашат. Калк кєп жайгашкан жерден обочороок болгондуктан мында эч ким деле келе бербейт. Бейтааныш караанды кєрсє арсылдаган дєбєттєр жеп ийчидей атырылып, кєбїнчє байланбай же камалбай бош жїрїшєт. Кєрсє иттер мындагы багылган малдарды уурулардан коргоо їчїн эмес, бейтааныштарды мында жолотпоо їчїн багылчы тура. 6-майдан 7-майга караган тїнї Панфилов районунун Тельман айылынын 57 жаштагы тургуну Джамгырчы Мырзагелдиевдин сарайынан 36 баш койун белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул тууралуу дароо жабырлануучу Джамгырчы мырза Панфилов РИИБнє арыз менен кайрылган. 8-май кїнї бир жїк ташуучу унаага жїктєлгєн койлордун Кара-Балта шаары тарабынан єтїп баратып, милиция кызматкерлерине токтобой кеткени шек жараткан. Уурдалган малдарын издеген Р.Жапаралиев, М.Эркинбаев, Э.Миўбаев, жана Р.Султаналиевдер 8-май кїнї КараБалта шаарынын Гидропартия участкасындагы эски сарайлардагы кєп малдын ичинен жоголгон малдарды карап алуу тууралуу сураганда ал сарайда жашаган

40-45 жаш чамасындагы аял жана эки жаш бала иттерин коё беришип, келгендерге таш жана таяктарды кєтєрїп Р.Султаналиевге таандык “Мицубиси Шариот Грандис” їлгїсїндєгї автоунаанын терезелерин талкалап жиберишкен. Жабырлануучулар бул сарайда кєптєн бери издеген малдарын тааныгандыктан Панфилов РИИБнє маалымат беришип ошол эле 8-май кїнї Жайыл РИИБнє арыз менен кайрылышкан. Катталган кылмыштын негизинде ыкчам-иликтєє иш-чаралары жїргїзїлїп мал уурдоого тиешеси бар деген шек менен Кара-Балта шаарындагы Гидропартия участкасында жашаган 51 жаштагы Мусаев Догдурбек кармалып Жайыл РИИБнїн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган бирок, ал жерден 23 жаштагы Доктурбек уулу Нурсейит жана 24 жаштагы малчысы Руслан Муратовдор из жашырып кетїїгє їлгїрїшкєн. Ошол 8-май кїнї болгон окуя Жайыл жана Панфилов райондорунун мал жоготуп таппай жїргєн тургундарына желдей тарап, баары эле сарайдын короосуна келишип, кєпчїлїгї короодогу малдарды тааный баштайт. Тааныгандары єзїнє тиешелїїлєрїн кармап байлап єзїм билемдик башталганда, Чїй ОИИББнын жетекчилигинин кєрсєтмєсї менен 8-май кїнї сарайлардагы малдарды ар ким туш тарапка айдап кетпеси їчїн Чїй ОИИББнын тез чара кєрїїчї атайын отряды кїзєткє коюлуп, 9-май кїнї Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунан мал жоготкон жарандар келишип тааныгандары, малын жоготкон маалда арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган болсо, ошол арызда кєрсєтїлгєн єзгєчє белгилери дал келген малдар тил кат менен 176 кой, 87 баш жылкы жана 38 уй ээлерине берилди. Калган малдарды Жайыл, Панфилов жана Москва РИИБнїн кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар кезек менен кайтарууга алышууда. Ал эми малдар багылган сарайдагы жашоочу жайды тинтїї учурунда бир нече адамдын паспорту, жер тилкелеринин документтери алынды. Бул жерде жашаган Айнура Урманбетова жана 19 жаштагы Р.Урманбетов жана 13 жаштагы Р.Ур-

манбетовдор 10 жылдан ашык убакыттан бери Д.Мусаевдин сарайында жашап келгенин айтышат. Катталган арыздардын негизинде кылмыш иши козголуп, 23 жаштагы Доктурбек уулу Нурсейит жана 24 жаштагы Р.Муратовдорго издєє жарыяланган. 15-май кїнї болжол менен 22-00 чамасында Боом капчыгайындагы Кыз-Куйєє айылынан “ВМW-740” їлгїсїндєгї автоунаада бараткан балдар Ысык-Кєлдєн Бишкекти кєздєй келаткан Спринтер їлгїсїндєгї унааны жол жээгине кысып токтотот да 30 жаштагы айдоочу Нурбек Чурековдон жолдун “отметкасын” бер деп 23-28 жаштар чамасында эки бала коркута баштайт. Айдоочунун жалгыздыгынан пайдаланышкан шылуундар анын сумкасын жулуп алып кетип калышат. Сумканын ичинде автоунаанын документтерин алып коюшту деген ой менен аркасынан кууп жєнєйт. Кєрсє ал сумкада 200 сом акчасы болгон экен. Каарданган айдоочу “ВМW-740” автоунаанын аркасынан кууп келсе ал балдар башка бир “Ф-Пассат” автомашинесин токтотуп, айдоочуну жулмалап жатканын кєрїп дароо барып, колундагы дєўгєлєк бураган ключ менен башка чаап жиберет. Башынан аккан каны менен машинеге отура салып экєє теў качышат. Аркасынан кууган Нурбек Чуреков Кемин районуна келип жогорудагы окуя тууралуу милицияга кабар берген. Бул боюнча жолдорго тосмолор коюлуп шектїї унааны кармоо тапшырмасы кызматкерлерге берилген. Ыкчам иликтєє иш-чарасынын натыйжасында Чїй облусунун ИИББнын ЖККнын кызматкерлери А.Сатылганов жана Тынчыбек уулу М. Кемин райондук ооруканадан алгачкы жардам алууга бейтааныш жарандардын келгенин байкап, алардын бирєєсїн кармашып, экинчисин качырып жиберишкен. Кармалган жарандын єздїгїн тактоо маалында Догдурбек Мусаевдин малын кайтарган 24 жаштагы Руслан Муратов болуп чыгат. Ал мал кайтаруу менен чектелбей кылмыш иштерине аралашып жїргєнїн моюнуна алган. Єзїнїн айтымында 1 кой уурдаса 1500 сом акча алып жїрїп, 8 кылмышка катышканын айтып берген. Рахатбек РЫСАЛИЕВ

КОНОК КОЙДОН ЖООШПУ?

ДЬЯЧЕНКО ЭРЕЖЕ БУЗГАН ДИПНОМЕРЛЇЇ АВТОМАШИНАНЫН АЙДООЧУСУНА КАРАТА ЧАРА КЄРЇЇГЄ УБАДА БЕРДИ Интернетте Т 60 017 кызыл мамномерлїї автомашинанын Ала-Тоо аянтындагы "Илбирс" имаратынын жєє баскандарга арналган жолунан єтїп, ыўгайсыздык жараткан видеосу жарыяланган. Кыргызстандын ИИМ Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко Бишкектин аянтында жайгашкан "Илбирс" имаратынын жєє баскандарга ылайыкталган капталдагы жолунан машина айдап єткєн айдоочунун жєнїн тактап берїїгє убада берди. Буга чейин reporter.akipress сайтына кєрїнїшкє кїбє болгондор тарабынан жарыяланган видеодо Т 60 017 кызыл дипоматиялык мамномерлїї автомаши№ 129 • 22-май, 2015-жыл

насынын Ала-Тоо аянтындагы "Илбирс" имаратынын жєє баскандарга арналган жолунан єтїп, ыўгайсыздык жаратып жатканы даана кєрїнїп турат. Sputnik агенттигине берген интервьюсунда Дьяченко аталган кєрїнїштє жол эрежеси бузулуп жаткандыгына макул болду. "Автомобиль кимге таандык экенин аныктайбыз. Ага ТИМнын кызматкерлери менен биргеликте мыйзам чегинде чара кєрїлєт", — деп билдирди ЖКК башчысы. Ал номердеги "Т" тамгасы дипломатиялык иммунитетке ээ болбогон техникалык персоналды тїшїндїрєрїн айтты. "Башкача айтканда, бул — элчиликтерде иштеген Кыргызстандын кадимки жарандары. Жоопкерчилик толугу менен

алардын мойнунда. Машина ичиндегилер чет єлкєлїк жарандар болгон кїндє да "Т" номери менен алар эч кандай дипломатиялык иммунитетке ээ болбойт", — деп белгиледи Дьяченко. Ал эми жол эрежесин бузган "D" тамгасы менен башталган кызыл мамномерлїї айдоочулар менен башкы жол милиционери Тышкы иштер министрлиги иш алпарарын билдирип, бул учурда ЖКК каттоого алып, тийиштїї мекемеге маалымат гана бере аларын белгиледи. Тышкы иштер министрлиги Sputnik агенттигине эреже бузган машинасы кайсы дипломатиялык єкїлчїлїккє таандык экендигин тастыктаарын билдирди. Булак: Sputnik


13 АРАКЕТ КЫЛСАЎ БЕРЕКЕТ

ИЗГИ ПИКИР

“ТЄЄ-КАРЫНДЫН” АЖАРЫ АЧЫЛДЫ

ЖАЗУУЧУ ТОЙЧУБАЙ СУБАНБЕКОВДУН ЭМГЕГИ БААЛАНСА

Мындан чейрек кылым мурда Кетмен-Тєбєдєгї “Тєє-Карындын”бактысы ачылып, ак таўдай акын Токтогул Сатылгановдун 125-жылдык мааракесине арналып ошончо боз їй тигилген.Улуу тойго алыскы єлкєлєрдєн боордошторубуз агылып келген.Элдин жарпын жазган ошол тарыхый окуя эмдигиче тойго катышкандардын эсинен чыга элек. Заман єзгєрїп,союз ыдырап биз эгемен єлкєгє айландык.Бирок кєп жылдар бою чогултулган элдин байлыгы таланып кетип сызга отуруп калдык. Ар ким єз билгениндей оокатын єткєрїїгє белсенип аракетин жасай баштады.Кыйналгандардын катарында Белетбек Арыков да бар эле. Туўгуюктан чыгуунун амалын кєздєп акыры жер менен иштєєнї тандады. Анткени андан бєлєк нан табуунун жолун кєрбєдї. Кєп мыкчыгерлердин эшигин каккылап жїрїп кагаздарын жайына келтирип эки жарым гектар жерге ээ болду.Бир топ жылдан кийин мээнетинин акыбети тєгїлїп берди. Ээн жаткан жерди алмалуу бакка айландыруу оўойго турган жок. Алманын тїркїн сортун тигип, убагында зыянкечтерден дарылап,сугаруу кєп тїйшїктї талап кылат экен. Жер шартына ылайык алма сайгандыктан тез жетилип єзїнїн тїшїмїн акыры бере баштаганына кубанычы койнуна батпай жїрєт.Кїз келгенде алыстан эле алманын жыты танооўду удургутат. Ошондогу сезимди сєз менен жеткирїї єтє кыйын.Аны билїї їчїн кїзїндє алма

бакка барууў керек. Бакты кєздїн карегиндей асырабасаў жемишин жей албайсыў. Ошондуктан багбанчылыкты кылдат їйрєнїї талап кылынды.Кышында витамин жегиў келсе алманы сактоого далалат кыл. Айтор бул жааттагы иштер жолуна тїшїп калды. Жалаў эле багбанчылык менен алек болбостон тоок багууну єздєштїрдї. Оболу бир жарым миў тоокту багып кєрдї. Жїрїп олтуруп бул кесиптин да єтєлїнє чыкты. Кєрсє адамдын эркине баш ийбеген нерсе жок экен.Кайсыл убакта дарылаш керектигин,эмне їчїн атайын жемдерди берїї зарыл экенин эми билип алды. Жакшылап кєўїл бурсаў каражат табуунун булагы болорун да жаттап койду. Ошентип ар бир айда тооктун жумурткасынан эле 50 миў сом таап жатканын каарманыбыз жашырган жок.Бала-чакасы да алыска кетпей атасына кємєктєшїп жїрїшєт. Ал эми жубайы Гїлзина болсо эў жакын кеўешчиси.Ансыз мынчалык деўгээлге жетмек эмес.Колун узартып,зарыл учурда кеп-кеўешин берип жїргєндїгї їчїн ушунча ийгилик жаралып жатканын жашырууга болбойт. Кєрсє мыкты эркекти кєккє жеткирген зайыбы болорун турмуш єзї далилдеп койду. Ошентсе да жакшы жашоонун сыры эмгекте турбайбы? Бул биротоло тастыкталып бїткєн кєрїнїш. Кийинки кездерде тоок багууну каалагандардын семинарлары ушул ишкердин фермасында єткєрїлгєнї бекерден эмес. Анткени бул жердин ээси тоок багуунун сырларын єздєштїрїп алган. Чынын айтсак эттин резерви болгон тооктун турмушта орду бар тура. Учурда жаз жарышы башталып эмгектин шаўы кїчєгєн. Камбыл адам кыш камылгасын эмитен кєрє баштайт эмеспи.Белетбек Арыков да кїндї текке кетирбєєнїн аракетинде. Касиеттїї “Тєє-Карынды” мекендеп, ажарына келтирген ишкердин ийгилигине биз да сыймыктандык. Эгерде ар бирибиз ушинтип мээнеттенсек єлкєбїздїн экономикасы алдыга єсмєк. Илгерки убак єткєн. Бирєєнїн кєзїн карабастан оокат кылууга дитибизди буралы.Аракетке жараша берекет болорун айгинелеген бул мисалды кєўїлїбїздєн чыгарбасак майнаптуу болмок. Бар болуўуз, иштерман Белетбек мырза! Ж.Сулайманов, Токтогул району

НАРЫНДА БЫЙЫЛ БИРИНЧИ ЖОЛУ ГРЕЧКА АЙДАЛАТ Жалпысынан пландалган 38 миў 476 гектар жердин 76 пайызына бїгїнкї кїндє айдап себїї иштери бїттї. Бул тууралуу "Азаттыкка" єкмєттїн Нарын облусундагы єкїлчїлїгїнїн айыл чарба адиси Табылды Жумагулов билдирди. Анын айтымында, 20 миў гектардан ашык жерге дан азыктары, 4 миў гектардан ашуун жерге картошка, дагы бир бєлїгїнє жашылча, жїгєрї айдалган. Быйыл облустун Жумгал районуна биринчи жолу гречка айдалып жатат. Учурда пландалган 30 гектардын 3 гектарына эгилди. Айдап себїї иштерин 1-июнга чейин бїтїрїї пландалууда. Быйыл облус боюнча 146 млн. 849 миў сом жеўилдетилген насыя берилген.

Кыргыз элинде азыр жазмакерлер аябай кєбєйїп кетти. Кайсы жазуучу кандай жазаары туурасында сын айткан деле киши жок, ар ким єз билгенин жаза бермей адатка айланды. Акчасы болсо болду, эстеликке бир китеп чыгарып коёюн деген пикирде болушууда. Ал калайык калкка тиешеси барбы, жокпу, аны менен деле эч кимдин иши жок. Китеби чыгып, базарда сатыкка турса болгону. Ал кандай деўгээлде жазылганы тууралуу эч бир ой айтылбайт, эч бир маселе коюлбайт. Мунун баары оош-кыйыш, кїчєгєн мезгилдеги, базар экономикасынын катаал шартындагы демократияга, сєз эркиндигине келип такалууда. Ошондон улам “ким кандай жазат?” – деген пикир келип чыгат.

Адабият теориясы туурасында сєз да кылып болбойт. Жазылган чыгарма кандай деўгээлде, философиялык, логикалык ой барбы? Турмуштун, коомдун каармандарын кєркєм чеберчиликте чагылдырып бере алдыбы, жокпу, ал туурасында сєз кылуу да мїмкїн эмес. илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктери коомчулукка, маўкуртчулукту алып кеттиби деген ой туулат. Ушундай жагдайынан алып караганда окурмандарды ойго салган, боор толготкон чыгармаларды жазган жазуучулар да бар. Алардын бири Т.Субанбеков. Андыктан чын жїрєктєн бїгїн биз сєз кыла турган мына ушул белгилїї жазуучу Тойчубай Субанбеков. Ал кєп жылдардан бери турмуштун ар кыл реалдуу окуяларын кєркєм сїрєттєп жазып келатканы туурасында жакында эле билдим. Анткени анын “Кїнбосун ажо” деген тарыхый чыгармасы колума тийгенден кийин гана тааныдым (биздин заманга чейинки экинчи, їчїнчї кылым). Эмнегедир жалпы журтчулук китеп окубай кеттик. Бул коомдогу болуп жаткан объективдїї, субъективдїї шарттарга байланыштуу болуп жатса керек. Менин колума тийген китеп майда арип менен жазылып калса да, бїткїл дитимди коюп, бїткїл кєўїлїмдї буруп, кєз айнек менен тирмийип олтуруп окууга туура келди. Чыгармада кыргыз элинин эр азаматтарын, суйкайган сулуу кыз-келиндерин, асыл канышаларын, эр эгиздерин, нускалуу байбичелерин жогорку деўгээлде кєркєм сїрєттєп берген. Арийне китепти барактап бетин ачпай туруп, анын ичинде кандай купуя сырлар, акылман кептер, философиялык ой толгоолор, патриоттук сезимдер, салт-санаалар жатканын билбейсиў да. Улам арылап сїўгїп кирген сайын сени укмуштуудай кыргыз элинин тарыхый басып єткєн жолу кєз алдыўа шурудай тизмектелип жїрїп олтурат. Мына ушуну айт чыгарма деп. Китептин биринчи бетиндеги жазуучунун жазган чыгармаларын тизмектеп, кыскача жазып кеткенинен улам Тойчубай Субанбековдун кєптєгєн чыгарма жаратканынан маалымат алдым. Эми анын калган чыгармаларын окууга дилгирлене баштадым. Мен анын “Жагылкар

кан”, “Атанын Айбугу чоросу”, “Кїчїлїк эрен”, “Баймурат тєрє”, “Аксак Темир”, “Токтомуш кан”, “Мамай кан”, “Кашкай баатыр менен ак байбиче”, “Дєєлєс баатыр”, “Дыйканбай манап”, “Сатылган ажы” жєнїндєгї тымсылдар, “Кєєдїлдїн кыркалекей теректери”, “Илбирс” аттуу повесттердин, “Издер єчпєйт” деген аўгемелер жыйнактын, “Жїрєктєш жар”, “Жээренче чечендин акыркы кїндєрї”, “Барсбек кагандын кєрєр кєзї”, “Каратїлєк чоронун эрдиги” аттуу романдардын автору экенине ынандым. Эмне деген эмгек, эмне деген чыгарма! Изилдесем, бул автор андан кийин да бир-эки кєлємдїї чыгарманы жаратыптыр. Баш аягы билинбей жыйырмага жакын кєлємдїї аўгемелердин, повесттердин, романдардын автору экен. Мен муну жєн эле жазган жокмун. Єкїнїчтїї нерсе бар. Ушундай мыкты жазуучу Мамлекеттик сыйлыкка кєрсєтїлбєй келгендигине таўмын... Єз кємєчїнє кїл тартпай, акты ак, кєктї кєк дейли. Бул суроо ар бир китепкєйдї, ар бир окурманды ойлонтууга тийиш. Мен китепти окугандан кийин гана ушундай ойго келдим. Маани-маўызы жок окуя кууган же интим менен кызыткан чыгармалар кєбєйїп кетти. Єсїп келе жаткан жаш муундардын жан дїйнєсїнє бїлїк салган, элибиздин нарк-насилине доо кетирген китептер кєбєйїп кетти. Мындайлардын ордуна жогоруда айтылган омоктуу ойлорду жазган, мекенчил, коомдун кызыкчылыгын кєздєгєн, жаштарыбыздын келечегин ойлогон жазуучулар биздин турмушубуздан орун алса дейм. Карасам эч бир мамлекеттик наамы жок ушундай зирек жазуучуларды окурмандар єзїбїз кєтєрбєсєк, єзїбїз аларга жакшы ой, жакшы сєз айтпасак, негедир ойлой турган киши жоктой. Мен ардагер мугалим катары айтаарым Тойчубай Субанбековдун эмгеги бааланып, кыргыз эл жазуучусу деген ардак наам берилсе, мамлекеттик сыйлыкка кєрсєтїлсє жакшы болоор эле. Анткени бул жазуучунун жазган чыгармалары ошол деўгээлге жетип калганын єзї эле айтып турат... Каниет ЄМЇРАЛИЕВА, ардагер мугалим

№ 129 • 22-май, 2015-жыл


14

ДЕН-СООЛУК

Накыл сєздєр

Ýãåðäå "ìåíèêè", "ñåíèêè" äåãåí ò¿ø¿í¿êòºð æîê áîëñî, æåð æ¿ç¿íäº ñàíæûðãàëóó áåéïèë÷èëèê îðíîéò ýëå.

Социалдык кыйынчылыктар, їй-бїлєлїк, биртуугандык талаш тартыштарды , коллективдик чыр чатакты жєнгє салат. Тибет медицинасынын ыкмасы менен Ян Инди аныктайт, тамыр аркылуу диагноз коюп, Кыргызстандык бийик тоолорунан жыйналган чєптєрдїн 200 тїрї менен дарылайт.

Генри ФИЛДИНГ.

Ýêè ãàíà íåðñå àäàìãà Êóäàé òàðèçä¿¿ êàñèåò áåðåò: êîîìäóí æûðãàë÷ûëûãû ¿÷¿í æàøîî æàíà ÷ûí÷ûëäûê.

• Карып бараткан беттеги бырыштарды жазат.

ПИФАГОР.

Ýëãå öèâèëèçàöèÿäàí àêûéêàò àðòûê. Пьетро КОЛЛЕТТА.

• Тери оорулары: писариаз, экзема, аллергия, буттагы грибок, чакалай, баштагы дермобайт безекти чернес.

Ýëäè êýýäå àëäàñà áîëîò, áèðîê ñàòûï àëóó ì¿ìê¿í ýìåñ.

• Бронха астма, ангина, кєк жєтєл, туберкулез, ларингит, гаймарит, радикулит, куяў, белдеги грыжа, ич катуу.

Жан Жак РУССО.

Ýðêèíäèê ìåíåí äåí ñîîëóê îêøîø: àëàðäàí àæûðàãàíäà ãàíà "àòòè¢!" äåéñè¢. Анри БЕК.

Ýðêèíäèêòèí äàðàãû êåç-êåç ïàòðèîòòîð ìåíåí òèðàíäàðäûí êàíûíà ñóãàðûëûï òóðóøó êåðåê. Áóë - àë ¿÷¿í òàáèãûé àçûê çàò. Томас ДЖЕФФЕРСОН.

Àäàáèÿò - áóë ê¿íêîð ýìåñ, ýðêèí ºíºð, ýãåð àë ñàòûëãû÷ áîëñî áààñû ñîêóð òûéûí. Никола ФОСКОЛО.

Ошонун гана колунан келди. Бир дїйнєдє бир гана болчу керемет! Ушунун баары шаар маараке- сине байланыштуу жасалганы менен иш жїзїндє ай- чырай ырчы жылдыз Айдананын урматына арналгандай болду. Ал анткени жанагыл жалынга салган музыка жаўыра берди, бак-таалайга чалкыган эки жаш тїшкєн «Лимузин» панорамма телеэкранынан кайра-кайра кєрїнїп, ичиў тїгїл жїрєгїўдї кїйгїзєт. Жаркы- роолор асманга жетип, бул аалам жылдыздан жаралган асылдыкка айланып турду... Ушул маалда, ушул жарык дїйнєдє эзели эч ким билбеген бир окуя болду. Кєк жалмай кєтєрїлгєн жаркыроолор тоо койнуна кол салып, аска-чокуларга чейин тик сайылып тургандыктан, андагы куштар коогага тїшїп чырылдап, жан калар далдаа жер издешкен кезде, баягы каргыш алгыр ашуунун тїбїндє алсырап жаткан Жаабарс чочуп ойгонду. Тоолордун їстїн жаркыткан жарык жылдыздар эмес, таптакыр башка, мурда болбогон иш эле. Ушундан улам ал дагы бир алаамат азабына кабылбайын деп буйтка жерге жылт койгусу келди, а бирок анте алган жок. Атїгїл минтип тїнї бою кїч жыйнап, кїн сайын мында келет да, бу тїгєнєр ємїрдїн эч тїгєнбєс арманына айланган азезилдей ашууну ашып кете ал- бай, жоголор жайы он жомок болуп турган. Тагдыр аны эмне їчїн кыйноого салып кєшєрїп, кыл жылдырбай турат? Тагдыр деген тагдыр да, єткєрєм десе ашуудан азыр эле жылуу-жумшак єткєрїп коёт. Андай болбой жатпайбы, Їзєўгїлєш ашуусунун этегинде жалгыз їмїт кучактап отурбайбы?! Качан ашат, кантип ашат? Азырынча тагдыр ага айта элек. Майрамдык шаан-шєкєттїн жаркырагы тагдырына таш тїшкєн Жаабарсты ошол тїнї тїйшєлткєнїн Жараткан да билгендир... Рок-музыканын бороондуу деўиздин толкунундай ыргагында калган стадион дагы эле: «Ли-му-зин!» «Ли- му-зин!» «Ай-да-на! Ай-да-на!» - деп дуу тїшїп

№ 129 • 22-май, 2015-жыл

Àäàáèÿò - êîîìäóê êóáóëóø. Генрих МАНИ.

Àäàìäûí àêûëäóóëóãó áåðãåí æîîáóíàí ýìåñ, áåðãåí ñóðîîñóíàí áèëèíåò. Гостон де ЛЕВИС.

Àêûí ìåíåí ñ¿ðºòêåðäèí ìåéêèíè ÷åêñèç. Виктор ГЮГО.

Àêûíäàð òàìàíûí ñîðãîí àþóãà îêøîø. Иоганн ГЁТЕ.

• Кыз келиндер оорусу: эрозия, мастапатия, истит, миома, фиброма, менструалдык бузулуулар, климакс, лейкопенения, зарасын кармай албагандар. • Прастатит аденома, энурез, геморой, релатизм, колтуктагы колоўсо, буттагы шыбоо, коўурук ж.б. • Гепатит А, Б, С.ўдавление тїшїрєт, кант диабети. • Бєйрєктєгї, табарсыктагы сезгенїїлєр ж.б. у.с. • Нерв илдеттери: эпилепсия, стресс, коркоктук, шизофрения, тырышуу, арак ичкендер, тамеки тарткандар, наркомания. • Шишик (опухоль), рак, эмчектеги метостаза клеткаларынын єсїшїн токтотот.

ЧЫЎГЫЗ АЙТМАТОВ (Сандан санга)

Тоолор кулаганда (КЫЗКАЙЫП)

Роман

жатты. «Мына ал жансерек маданияттын «Лимузини» менен кетти!» - деп кейип алды Арсен Саманчин. Анан дароо: «Кызкайып» эмне болот?» — деп жиберди. Анын «Нивасы» мындан эки кварталдай жерде, дээрлик чет єлкєлїк маркадагы жылтыраган машиналар токтотулуп коюлчу жайда эле, ошого баратып: «Жансерек маданиятка кєнгєн жашоо эмнени гана жасабайт? Жакырлар ме- нен жумуш издегендер толду, «жумуш бергиле!» - деген жазууну кєтєрїп алышып жол боюнда турушат, ат чабым жерге тизилген. Булардын кєбї кєчєсїндє жан калбаган алыскы айылдардан келишкен. Бул башка эмес, дал ошо адамзат коомуна коюлган адам талабы, себеби адамзат коому жаўы єзїнїн муундарын жаратып турууга жарамсыз, башкача айтканда, бул дїйнє сенин мага керегиў жок, кєзїмє кєрїн-

бєй жоголгун деп турат. Ал эми колунда токочу барлар «Лимузин» минип дуулдай- быз дешет». Тїнкї кєчєдє єзїнїн «советтик» «Нивасында» бара- тып ал ушуларды ойлонду. Кєнгєн машинасы, андан жакшысын ал каалаган да эмес, анын їстїно чонтєгї жука. «Лимузинди» кєрїнгєн эле мине бермек беле! Айанын лимузинчил болгонунун жєнї бар, жылдыздардын жылдызы, колуў тїгїл кєз жетпейт, сакчылары жанында, сени менен сїйлєшмєк беле... Мурдагы эри менен жараша турган тїрї жок, анысы бєтєлкєнїн тїбїнєн чыгалбай калган дешет. Турмуш деген турмуш, ал жєнїндє тиги-бу дештин кереги жок. Тагдырды табалап болобу, эў сонун їнї бар опера ырчысы Айдана Самарова деле кїтїїсїз иш жасабадыбы, Милан сахнасынан ырдамак, жылдызы жанмак. Ал ошенттиби? Жок, таанылуунун жеўил

• Ички органдагы, денедеги курттарды тїшїрєт. Аскарида, ламбилёз, тумхоланда, кене, демодекс, токсокара, дизбактериоз, митоз ж.б. • Толуп кеткендерди арыктатып жел кабызды чыгарат. • Оорулардын шыпаасын касиеттїї чєптєрдєн тапса болот. Сакайбаган оору жок. Ар кимдин ден соолугу єзїнїн колунда! Ахунбаева кєчєсї №90 (Онкологиялык больницанын жанында, болжол менен Абдрахманв кєчєсї менен кесилишкен жерде). Тел: 0772850673 жолун тандады да, тал башынан кїйгєн куйруктуу жылдыз болуп чыга келбедиби? Акча жааган концертин берет... Мунун баары анын иши, анын тагдыры. Андан кєрє сен єзїўдї кара, ат жалынан оодара тартып салышты, ушундан улам кызалаўдап, оту жок кайнап, тигилерге жаман сєз айтып келесиў. Чындыкты моюнга алгыныў, ичиў кїйгєндєр сенден кїчтїї болуп чыкты го?.. Кєз карандысыз, белгилїї, дагы эмне элеў, айтор, болгону галстугу моюнунда койкойгон, суроодон башканы бил- беген журналистсиў, а тигил ким? Жолуўар кайдан бириксин?! Бириў массмедиа ааламында ак жылдыз да, бириў массмедианын таманы баскан талпаксыў. Жайына кой! Сїйїї деген єзїнїн бар-жогун сенден жашырган жалтак сезим эмес, ал дайыма тоскоолдорго кабылып, кабылган кезде кайрадан жаўы кїч алып, кубаныч менен кайгыдан, сїйїнїч менен армандан кайра жаралып турат. Ошон їчїн сїйїїгє жеткени да, жетпегени да бактылуу, сїйїїнї сезбеген гана бактысыз. Ак сїйїїдє аскар тоодон кєк рапис зоо тосуп да токтото алгыс кєчкї жїргєн учурлар болот, андайга сєз айтылбайт. Анткени ар бир сїйїїнїн тарыхы, азабы жана бактысы болот. А сен болсо єзїўдїн жеке кайгыўды жер жїзїндєгї ааламдаштырууга, массалык маданиятка оодара салып жатасыў. Карасаў муну, оюўа койсо Кудайдын сакалын жу- луп алгыў бар! Эсиўди жый! Андан кєрї сен «Кызкайыбымды» жактырбайт деп массалык маданиятты тепкилей бербей башка маселелерге жооп берип, бєлєктєрдї да єзїўє ынандыра билгенге аракет кыл. Буга анын кандай тиешеси бар экенин Айа экєєўєр кєзмє-кєз жалгыз калган кезде, ємїр бою ушул гана учурду кїтїп, ємїр бою ушул учурдагы чер жазыша баарлашууну самап жїрїп, анан акыры ак сїйїїнїн тагдыры тартуу кылган бир бейиште, ал экєєў мээр тєгїшє отурган кезде, сен ага бу «Кызкайып» идеясы кайдан чыкканын, кандайча жаралганын баштан-аяк айтып берчи.


СКАНВОРД

15

№ 129 • 22-май, 2015-жыл


16

ЭНЕЛЕР – ЖАШОО ТЇРКЇГЇ

БИШКЕКТЕ ЭНЕЛЕР КЇНЇНЄ КАРАТА РОССИЯНЫН БЕЛГИЛЇЇ ЫРЧЫЛАРЫ ЄЗ ЄНЄРЛЄРЇН ТАРТУУЛАДЫ 16-майда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында орусиялык эстрада жылдыздары Жасмин, Филипп Киркоров жана Николай Басковдун катышуусунда Энелер кїнїнє карата концерт беришти. Концерти биринчилерден болуп кыргыз эстрада жылдыздары єздєрїнїн жагымдуу ырлары менен ачып берди. Жаандын нєшєрлєп жааганына карабай кєрїчїлєр жана ошондой эле Россиянын мега жылдыздарынын кїйєрмандары борбордук аянтка толуп калышты. Концерт жалпысынан кызыктуу болуп, кєрїїчїлєр ырчылар менен чогуу ырларын ырдашып орус ырчыларын жылуу кабыл алышты. Бул концерттин эў барынан кызыгы болуп Филип Киркоров кыргыз тилинде энелерди жана кыргыз элине каалоо сїйлєгєнї болду Рахатбек РЫСАЛИЕВ

№ 129 • 22-май, 2015-жыл


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.