Mugalim №5-6 (13) 2015

Page 1

70 2015

М DVD

№5-6 (13) Материал «Мугалим+ DVD сабак» дискинде толугу менен камтылган.

май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Самооценка преподавателя ВУЗа как личностнопрофессиональное качество

6 Воспитание детей в эпоху античности

10 Педагогдорду даярдаган алдыңкы кафедра

20 Жашаганын эмес жасаганын баала

24 Эл уулу да эне мектебинен тарбияланат

42 Элдик педагог

48 Кыргыз Республикасынын Эл мугалими

ШАБДАНБЕК КУЛУЕВ

Сабагыңды сагындым, агай

52


2014

№1

№2

№3

№6

№7

№8-9

№4-5

№5-6 (13)

2015

май-июнь

2015

№1-2

№3

№4


Мугалим - таалайдын тазасы, тарбиянын башаты!

Илимий-педагогикалык журнал Научно-педагогический журнал

Журналдын негиздөөчүсү Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, п.и.д., профессор Искендер Исамидинов

Журналдын ээси: Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту

Башкы редактор Рахат Сулайманова Шеф-редактор Гүлнара Алыбаева Кабарчылар Айзада Салиева Каныбек Абдраимов Кипариса Кулболдиева Мирлан Токтобеков

РЕДАКЦИЯЛЫК КЕҢЕШ: К. Садыков, Н. Ишекеев, Д. Кендирбаева, А. Мамытов, Т. Абдрахманов, Т. Каракеев, И. Бекбоев, С. Байгазиев, А. Жайнаков, М. Базаркулов, С. Абдрахманова, Ө. Шаршекеев, Ш. Кулуев, Э. Шүкүров, Б. Исаков, Э. Мамбетакунов, Н. Асипова, А. Калдыбаева, А. Алимбеков, С. Рыспаев, К. Добаев, А. Раимкулова, А. Муратов, Ш. Дүйшеев, Ж. Бузурманкулов, К. Чекиров, Г. Мадаминов, А. Гудимова, Г. Адылбек к., Н. Ибраева.

Менеджер

Адилет Самсалиев

Дизайнер, фотограф

Арсен Абдыкадыров

Редакциянын дареги: Бишкек ш., Калык Акиев көчөсү, 85, 103-б. Тел: (0312) 65-33-26, 64-40-65 e-mail: mugalimjournal@gmail.com Журналдын электрондук варианты http://www.mugalimjournal.tk сайтында.

Журнал Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги тарабынан катталган. Күбөлүк No 000001, сериясы: РСМИ, рег. No1776, 17.08.2011-ж. ISSN 1694-7436


МАЗМУНУ Мугалим - таалайдын тазасы, тарбиянын башаты!

№5-6 (13)

май-июнь

2015

Илимий-педагогикалык журнал Научно-педагогический журнал

Мирлан Токтобеков

Согушсуз соолуган гүлдөр

15

Манат Сулайманова

Эманиуэль Оен, швейцар мугалими: «Мугалимдик кесип өтө оор, бирок алкышка арзыйт»

Айзада Салиева

Узак тарыхы бар биздин мектеп

32

17

Назира Жапсарбаева

Жумамүдүн Шералиевдин өмүрү, чыгармачылыгы

2015-жылдын 1-жарым жылдыгына карата жазылуу баасы: 1 ай — 128,43 сом 3 ай — 385,29 сом 6 ай — 770,58 сом почта кызматын эске алуу менен

59


РЕДАКТОРДУН КОЛОНКАСЫ

Урматтуу кесиптеш!

mugalimjournal@gmail.com

5

http://mugalimjournal.tk

Урматым менен “Мугалим” журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Мына ошентип быйылкы окуу жылыбыз да аяктап, бүтүрүү сынактары жүрүп, алдыда сиздер уядан талпынтып учурган бүтүрүүчүлөр турмуш жолуна аттанып, бакыт издеп, чоң окууга өтүүнү көздөп, турмуштан туура орун табууну, кайсы бир кесиптин ээси болууну тилек кылып баш калаага бет алып жаткан убагы. Албетте, бул сиз үчүн бир жагынан кубанычтуу болсо, бир жагынан окуучуңузду балалык баео тагдырдан өз алдынча жашоо сыноосуна узатуу ичиңизди тызылдатып тургандыр. Ооба, бир кезде баарыбыз дал мына ошентип турмуштук сапарга аттанганбыз. Ошондо бизди экинчи үйүбүз – жогорку окуу жай – университет – ата-энеден жаңыдан бөлүнгөн жаштык жылдардагы “каткан нандын калдыктарын талашкан, кандай сонун студенттик күндөр ай” деген студенттик жашоо, жатакана турмушу күтүп алган. Андыктан кабатырланбаңыз, кесиптеш, бул жакта да сиздин окуучуңузду маңдайынан сылап, билим тарбиясын тереңден жакшы көрүү, аярлоо сезими менен арнай турган өзүңүз сыяктуу чыныгы ата-энелик мээримин төкчү педагогдор бар. Айтайын дегеним, Улуттук университетте 40 жылдан ашык ак эмгегин өтөгөн, анын оту менен кирип, күлү менен чыккан, окуу жайдын кыпындай көйгөйүнө да үйрүлүп түшүп, ал үчүн фронтко бар десе да даяр, эгерде студентинин көңүлү ооруду десе, жүрөгү зыркырап, бүтүндөй өмүрүн жаштарга, аларга билим тарбия берүүгө арнап, туура жол тандоого өзүнүн опол тоодой салымын кошкон, “алдыга салса ак жолтой, аркада жүрсө сан колдой, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан”, сөзүнө сөзү өрүлгөн, сөөлөтү менен миңдеген адамдарга дем берген кыргыз профессионал педагогикасынын көрүнүктүү өкүлү Искендер Исамидинов сыяктуу улуу устаттар алыстан өзүнөн аруулуктун, тазалыктын, мээримдин нурун чачкан, кең келечекке, туура жолго багыттап ак сакалын жайкалткан Бакай атадай болуп бүтүрүүчүңүздү мүдүрүлтпөй, тайгылтпай тосуп алат. Кесиптешим, буларды айтып жатканымдын себеби журналыбыздын ушул санында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин патриоту, өзүнүн кесиптик тепкичинде анын студентинен ректорлугуна чейин жетип, бир эмес эки институтту негиздеп, “кыйратуучу” эмес, “жаратуучулук” образды түзө алган, бир боор университетинин коен жатагына чейин билип, ийнесинен жибине чейин өз көз алдынан сыдыргыга салгандай өткөргөн ушул улуу инсандын энелик мектеби, өрнөктүү өмүр жолу, бейнеси менен таанышасыздар. Башкасын сөз кылбаганда да, мугалимдердин жетишсиздиги курч коюлуп турган кыйын учурда кыраакылык менен кырдаалдан чыгуунун жолун таап, билим алууга ынтызар, бирок ага шарты жок талантуу улан-кыздарды айыл өкмөттөрүнүн каржылоосу менен студент болуу бактысына ээ кылып, алар үчүн, өзгөчө элеттик жаштар үчүн өзүнчө бир жаңычылдыгы, жакшы аурасы менен айырмаланган, билим менен тарбияны туура айкалыштыра алган педагогдорду даярдоонун чыныгы ордосун курган. Ал эми студент гана эмес ар бир мектепте, ар аймакта эмгегин өтөп жаткан сиз сыяктуу мугалимдин жүгүн жеңилдетип, сизге маалыматтык, усулдук жактан жардам көрсөтүү да анын жүрөгүнүн түпкүрүндө эле. Дал ушул ой сиз окуп жаткан, келечегинде жалпы педагогдордун сүймөнчүлүгүнө айлана турган “Мугалим” журналынын негизделишине алып келген. Бул инсан тууралуу, анын билим берүү тармагындагы кылган эмгеги, ар кырлуу жетекчилик, уюштуруучулук таланты тууралуу айтса ойдун чети оюлгус. Урматтуу окурман! Бул сандан сиз өзүңүз үчүн көп пайдалуу маалымат ала аласыз деген ишеничтебиз. Түйшүктүү эмгектен кийинки жайкы эс алууңуз көңүлдүү жана кызыктуу өтсүн! Жаңы окуу жылында амандыкта, жаңы дем-күч, чыгармачылык жигер, жаркын маанай менен жолугушалы!


ТОЧКА ЗРЕНИЯ

6

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

САМООЦЕНКА ПРЕПОДАВАТЕЛЯ ВУЗА КАК ЛИЧНОСТНОПРОФЕССИОНАЛЬНОЕ КАЧЕСТВО

Самооценка преподавателя вуза входит к числу самых важных качеств, так как правильная самооценка влияет на эффективность формирования и развития личностно-профессиональных качеств. Изза непрерывного изменения в системе образования, преподавателям приходится бесконечно адаптироваться к новым условиям. При адаптации преподаватели меняют личные притязания, установки и работают на нескольких баталиях одновременно. Впервые в научный обиход понятие «самооценка» было введено американским психологом Уильям Джеймсом, он в своих трудах под самооценкой подразумевал: каким образом человек соотносит свои реальные возможности с поставленымми целями, то есть с уровнем притязаний [4]. После него самооценкой личности занимались ученые-психологи и педагоги. Среди них особый вклад внесли такие ученые как В.М. Блейхер, И.В. Круг, А.С.Никифоров, С.Ю. Головин и другие. Например, практический психолог С.Ю. Головин рассматривает самооценку как оценку личностью са-

Алтынбек Качкын уулу, преподаватель ИЦППК КНУ им. Ж.Баласагына. В современных условиях профессионального образования особое внимание уделяется личностным и профессиональным качествам преподавателей. Личностные и профессиональные качества требуют полной активизации возможностей и способностей преподавателя, как субъекта и объекта образования. Преподаватель, знающий свои возможности, способности и личные качества способен формировать и воспитывать конкурентоспособных представителей современного общества. Анализируя свои личностные качества, он применяет профессиональные навыки при обучении и воспитании, оценивая свою деятельность, систематизирует процесс передачи знаний, умений и навыков. Правильная оценка своих возможностей выступает как основа саморегуляции и внутренней мотивации совершенствования самого себя.


ТОЧКА ЗРЕНИЯ мой себя, своих возможностей, качеств и места среди других людей. По мнению С.Ю. Головина самооценка является важным регулятором поведения, от нее зависят взаимоотношения человека с окружающими, его критичность, требовательность к себе, отношение к успехам и неудачам. И дальнейшее развитие личностно-профессиональных качеств, эффективность деятельности зависит от уровня самооценки. Психологи нередко называют самооценку как любое раздумье человека о себе: возрасте, способностях, характере, здоровье, планах, переживаниях и т.д. [3]. Также самооценка тесно связано с уровнем притязаний (стремление к достижению цели) преподавателя. Степенью трудностей целей, которые он себе ставит, например публикации (научные статьи, учебно-методические пособии, учебники и монографии) защита кандидатской диссертации, участие в разных конкурсах республиканского и международного масштаба. Несовпадение между целями и реальными возможностями ведет к тому, что преподаватель начинает неправильно оценивать свои возможности и себя. В результате чего его поведение становится неадекватным – приводит к эмоциональным срывам, повышению тревожности и пр. Малейшие неудачи ставит преподавателя в тупиковую ситуацию, и приводят к повышенной раздражительности. Самооценка преподавателя заключается и в том, как он оценивает возможности и результаты деятельности студентов например, принижает их при завышенной самооценке [4]. Еще немаловажным фактором является то, что самооценка преподавателя влияет на его познавательную деятельность (восприятие, представление, решение интеллектуальных задач). Если преподаватель знает свои реальные возможности, то он правильно организует процесс саморазвития. Легко осознает необходимость усвоения тех или иных умений, всегда находится в поиске чего-то «питательно-

го», и конечно выкладывается на все 100%. Активно работает над собой, над своим имиджем, с увлечением контактирует с окружающими, легко поощряет студентов, что развивает внутреннюю мотивацию студентов. Самооценка является важным детерминантом и в системе отношений со студентами и коллегами, при деформации самооценки преподавателя, возникают проблемы во взаимоотношении. По мнению известного российского психолога Е.П. Ильина бывают два типа людей: одни стремятся к успеху, а другие хотят избежать неудачи. В нашем случае одни преподаватели, приступая к деятельности (воспитательной, учебной и исследовательской) думают, прежде всего, о достижении успеха, т.е. эффективность применения того или иного метода непременно будет высоким. А другие думают о возможности неудачи (о провале применения методик и методов), такие преподаватели всячески избегают конкурсов, публичных мероприятий и т.д. Эти подходы исходят, прежде всего, от уровня мотивации и конечно от степени самооценки преподавателя [1]. Если обратится к работам А.А. Дульзона и О.М. Васильевой, то мы убедимся, что успешность деятельности преподавателя вуза заключается, в первую очередь в знании им своих сильных и слабых сторон. Для этого (обратная связь) отдельные преподаватели проводят анкетирование с целью получения информации о своей деятельности. О своих личностных и профессиональных качествах, такие мероприятия позволяют удовлетворить его потребность в признании и самоуважении. Самооценка и получение обратной связи позволяют преподавателю адекватно выявить свои сильные и слабые стороны. Значит, наиболее эффективно использовать свои сильные стороны и выработать стратегию своего развития (посещать тренинги, открытые лекции, ходить на курсы, участие в культурных и общественных мероприятиях). Также преподаватели вузов специально

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

7


ТОЧКА ЗРЕНИЯ

8

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

овладевают знаниями и умениями для разработки инструментов самооценки. Они ориентированы на развитие каждого преподавателя и для подтверждения уровня квалификации с использованием научно-методических и организационных подходов и этических норм и правил [2]. Преподаватель вуза, контактируя со студентами, постоянно находится в центре внимания, оценка его личностно-профессиональных качеств, со стороны обучаемых занимает особое место в преподавательской деятельности. Студенты, оценивая деятельность преподавателя, осознают и понимают, какие качества делают преподавателя успешным или неуспешным. И в зависимости от личностных и профессиональных качеств, студенты овладевают или игнорируют дисциплину конкретного преподавателя. Как говорили великие педагоги «только личностью можно воспитать личность», это говорит о том, что каждый преподаватель активно работает над собой, чтобы как-то вовлечь студентов в педагогический процесс. Такой преподаватель старается адекватно оценивать свои профессиональные возможности. Но при неадекватной самооценке, то есть завышенной, преподаватель старается всячески скрыть и не замечать неудачи ради высокого самомнения. Критикует все, что делают другие, малейшая неудача студентов может послужить к их унижению и строгой оценке. В вузах (в городских) нашей страны, некоторые преподаватели унижают студентов из-за незнания официального языка, наблюдаются и обратные случаи. Неуспех представляется следствием не качественной работы других или неблагоприятно сложившихся

обстоятельств, но только не себя. В педагогической деятельности у преподавателя наблюдается и другая психологическая проблема, чем ниже самооценка, тем больше преподаватель сравнивает себя со студентами (внешность, одежду, манеру поведения и др.) проигрывает им в собственных глазах. Он зациклившись на этом постоянно находится в напряженном состоянии ждет от них подвоха, насмешки, обмана и как правило, дожидается, неосознанно провоцируя их на это. Бывает и такие моменты, когда студент лучше выступает или хорошо решает те или иные задачи, эти обстоятельства могут привести к фрустрациям. Такие преподаватели, постоянно внутренне защищаясь, вокруг себя выстраивают стену недоверия, самооценка теряет свой смысл. Но, несмотря на это, самооценка важна при распределении собственных ресурсов. Самооценка позволяет преподавателю смотреть на себя со стороны, сравнивать свои качества с качествами других преподавателей и выбирать на основании этих вычислений наиболее удачные действия см. Рис. 1. Как показано в схеме, самооценка преподавателя в любом виде влияет на эффективность применения педагогических технологий, на учебный процесс и в конечном итоге на качество образования. Основными благоприятствующими факторами формирования адекватной самооценки, являются – сравнение себя с коллегами; правильная расстановка приоритетов или определение значимости тех или иных вещей. Похвала администрации или поощрительные меры (торжественное вручение благодарственных писем, грамот и дипломов); введение днев-


ТОЧКА ЗРЕНИЯ ника результатов работы (правильное целеполагание своей деятельности); внешний вид (наверное, среди вышеперечисленных моментов внешний вид является самым значимым, одеваясь со вкусом можно компенсировать многие недостатки). Преподавателям, обладающим правильной самооценкой, легко создавать на занятии атмосферу живого общения, вступая со студентами в тесные контакты и оказывая им психологическую поддержку. Правильная самооценка служить источником формирования личностных и профессиональных качеств, таких как: коммуникабельность, общительность, доброжелательность, проницательность, тактичность, критичность и многие другие. Они доверяют студентам и ждут от них дружелюбия, а не враждебности, студента всегда воспринимают как личность, заслуживающую уважения. Благодаря таким качествам становится возможным личностное и профессиональное развитие студентов. По нашему мнению, основным психологическим механизмом этой подструктуры является удовлетворенность преподавателя собой и своей профессиональной деятельностью (приходить на работу как на праздник, с увлечением работать со студентами и пр.). Преподаватель, удовлетворенный собой, не испытывает тревожности и внутреннего напряжения при общении со студентами, обращается только по именам, старается запоминать их имена, на его занятии студенты более свободны, выполняют задания своевременно и качественно. Обладая адекватной самооценкой и позитивным самоотношением, он с большей готовностью, чем его коллега с неадекватной самооценкой, развивает свои личные и профессиональные качества. Тем самым преподаватель не страшится перенять или формировать нужные черты характера. Если он знает, что ему не хватает (личные, профессиональные и др. качества), то он с большим усердием будет заниматься саморазвитием. Таким образом, в преподавательской деятельности такие качества как, педагогическая направленность, деловитость, компетентность, профессионализм, тактичность, мастерство, коммуникабельность и другие требует в первую очередь выработки правильной оценки своих возможностей, если у преподавателя имеются проблемы в оценивании или рефлексии самого себя, то вышеперечисленные качества будут отсутствовать. Значит, педагогический процесс в высшем учебном заведении всецело зависит от уровня или степени самооценки. Список использованной литературы:

В университете начинается лекция по психологии. Удобно устроившись за кафедрой, профессор: - Сегодня, товарищи студенты, мы будем с вами изучать три сходные стадии психики человека: удивление, раздражение и гнев. Рассмотрим на конкретном примере... Достав из портфеля телефон, профессор набирает первый попавшийся номер. - Здравствуйте, а Васю можно? - Знаете, здесь такой не живет... - Вот, - улыбаясь, говорит профессор, - это всего лишь легкое удивление. Смотрите дальше. Набирает номер снова. - Здравствуйте, а Вася не подошел? - Сказал же, нет тут таких... Потирая руки, профессор заговорщицки подмигивает аудитории. - Клюнул. Ну, а теперь... Третий раз набирает номер. - Так Васи нет? - Да пошел ты... - Что ж, товарищи, надеюсь, пример вам понятен. Приступим к теоретической части... С первой парты встает молодой человек. - Простите, профессор, но вы забыли четвертую стадию. - Это какую же? - Стадию офигевания. Подойдя к кафедре, молодой человек набирает номер. - Добрый день. Это Вася. Мне никто не звонил? хххххххххххххххххх У сына-грузина грядет сессия. Отец-грузин напутствует: - Если сдашь на 5 - куплю тебе черную «Волгу», на 4 - белую, на 3 - серую, и будешь ездить на серой «Волге», как дурак!!! ххххххххххххххххххххх Радостный студент выскакивает из-за стола и бежит к выходу. - Сдал! - Постойте! - кричит профессор, указывая на зачетку. - Надо же отметить. - Вечером отметим! - доносится из-за двери хххххххххххххххххххххх

mugalimjournal@gmail.com

9

http://mugalimjournal.tk

У абитуриента на вступительном экзамене спрашивают: - Вы с Пушкиным знакомы? - Нет. - С Некрасовым, Чеховым, Толстым? - Тоже нет. - А с Лермонтовым, Горьким? - Нет. - Свободны! Возле аудитории его абитура спрашивает: - Ну, как, приняли? - Нет, здесь только по блату. А я, оказывается, ни с кем не знаком...

#5-6 (13) 2015 май-июнь

1. Ильин Е.П. Психология творчества, креативности, одаренности.: Питер; СПб.; 2009. 2. Инженерное образование. №7, 2011. Инструмент для оценки и самооценки преподавателя вуза на основе модели компетенций. Национальный исследовательский Томский политехнический университет А.А. Дульзон, О.М. Васильева. 3. Словарь практического психолога / Сост. С.Ю. Головин.: Харвест; Минск; 1998. 4. Степанов В. А. Самооценка психических и физических качеств будущих учителей. Педагогика 2004, № 7. - С. 45-50 5. Юшкевич П.С. О прагматизме // Послесловие к книге У. Джемса «Прагматизм». СПб., 1910.

АНЕКДОТЫ


ВОСПИТАНИЕ

Как воспитывали детей в эпоху Анастасия Кузнецова

Когда-то в Древней Греции, а затем и в Риме произошел настоящий культурный прорыв, который и сегодня находит отражение в нашей жизни. Как же воспитывали будущих гениев, великих ораторов и мыслителей?

Государство начинается с личности – это хорошо понимали в далекие времена эллины и римляне, а потому воспитанию детей уделяли большое значение. Правда, в основном это касалось мальчиков, роль же девочек была предопределена: им предстояло выйти замуж в 12-15 лет и полностью посвятить себя дому и материнству.

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Жесткий отбор

10

Женщина античной цивилизации фактически была бесправной, обязанной во всем подчиняться мужу, который, напротив, в семье обладал неограниченными правами. Он мог отказаться не только от неугодной жены, но и от ребенка, по каким-либо причинам его не устраивавшим. Так, младенец, родившийся слабым, некрасивым, лишним или неподходящего пола, по воле отца мог быть брошен на улице или убит. Таков был повсеместно распространенный и законодательно разрешенный обычай, и лишь в Древней Спарте решение о том, жить ли новорожденному, принимал совет старейшин. Ребенка, которого решено было оставить, отец по традиции высоко поднимал на своих руках, а затем, на восьмой или девятый день после рождения, давал ему имя. Отец имел прижизненную власть над всеми членами семейства: он выдавал дочерей замуж, женил сыновей, распоряжался имуществом их семей, а при желании имел право даже лишить кого-то из них жиз-

ни за провинность или, например, из экономических соображений. Хотя, справедливости ради, надо сказать, такое случалось нечасто.


ВОСПИТАНИЕ

Учение - свет В обоих древних государствах дети до семилетнего возраста не воспринимались всерьез и воспитывались матерями и няньками на женской половине. На ней же девочки оставались до замужества, а вот мальчики в 7 лет передавались на воспитание мужчинам. Мальчиков обучали мужским занятиям, в зависимости от принадлежности к сословию, и обязательно – владению оружием. В промежутке между VI и IV веками до н. э. в описываемых нами государствах сформировался прообраз современной системы образования: выделились начальная, средняя и высшая его ветви. Начальное образование дети из самых состоятельных семей обычно получали на дому. Как правило, к ним приставляли раба-учителя, который обучал их чтению, письму и счету. Греческие дети из менее обеспеченных семей, за исключением детей рабов, посещали подобие младшей школы. В качестве учебных классов использовались самые обычные помещения, например, мастерские ремесленников или просто небольшие площадки под открытым небом. Учитель сидел на стуле, служившем ему кафедрой, а ученики – на полу или земле, держа на коленях глиняные таблички или вощеные дощечки для письма. Дальнейшее образование было по карману далеко не всем, а потому для многих детей оно на этом и заканчивалось. Примерно так все происходило в Римской республике и в тех областях Древней Греции, на которые распространялось влияние Афин. В Древней Спарте подход к образованию был совершенно иным.

Воспитание в Спарте Спарта постоянно находилась в состоянии войны и была похожа скорее на военный лагерь, чем на город. Военным интересам было подчинено и воспитание детей. Когда спартанским мальчикам исполнялось 7 лет, их отдавали в специальные, находящиеся на обеспечении государства отряды, где дети вместе жили, обучались, занимались бегом, прыжками, борьбой, метанием копья и плаванием. Будущие победители ходили только босиком и едва одетые, круглый год спали на земле на тонких соломенных подстилках, купались в холодной воде, скудно питались. Получали мальчики и элементарные навыки письма и счета, но все же основной упор делался на физическое развитие. Позже юношей обучали музыке и пению, а также одному из обязательных умений будущих спартиатов (т.е. полноправных членов общины) – искусству лаконично выражать мысли. Что касается девочек, то их растили дома, но также с малолетства развивали физически, чтобы вырастить достойных матерей будущих воинов. Кстати, спартанские девушки впоследствии нередко становились кормилицами и были нарасхват по всей Элладе, так как славились отменным здоровьем. С каждым годом воспитание юных спартанцев становилось все более и более суровым: очередной этап взросления означал для них необходимость пройти жестокие испытания, включающие битье плетьми и прочие показательные издевательства. Так продолжалось до тех пор, пока молодые люди не становились вполне взрослыми для участия в военных мероприятиях. Однако, несмотря на то, что спартиаты были отличными воинами, спартанское государство терпело множество военных поражений, что, в конечном счете, и привело его к упадку. К сожалению, ни одной по-настоящему выдающейся личности Древняя Спарта миру не дала. Если бы дети не принуждались к труду, они не научились бы ни грамоте, ни музыке, ни гимнастике, ни тому, что укрепляет добродетель, – стыду Демокрит, древнегреческий философ.

Воспитание в Афинах

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Целью афинской системы, в отличие от спартанской, было воспитать гармоничную, всесторонне развитую личность. Правда, это касалось лишь детей свободных и состоятельных афинян, другие же вряд ли могли себе позволить обучение в частных школах. Девочки традиционно обучались дома, где получали элементарные навыки чтения и письма, знакомились с музыкальной грамотой, обучались прядению и ткачеству. Мальчики же получали представление о литературе, музыке, ораторском искусстве, философии и основах наук в мусических школах (от греч. musike – общее образование), а физическую форму совершенствовали в гимнастических школах (палестрах). Ученики палестр занимались бегом, борьбой, прыжками, метанием диска и копья, плаванием – все

11


ВОСПИТАНИЕ это было необходимо будущим воинам. Следующей ступенью образования была гимназия, где юноши продолжали совершенствовать свои умственные способности и развивать тело, а вершиной образования – эфебия, откуда выходили уже совершенные во всех отношениях граждане Афин. Воспитание в Древнем Риме

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Как известно, древние римляне находились под сильным влиянием эллинов, и это отразилось на их сфере воспитания и образования. Древнеримская система образования состояла из трех ступеней: тривиальная (начальная), грамматическая и риторическая школы, которые были частными, а обучение в них – платным. В отличие от аналогичных греческих школ древнеримские учебные заведения не преподавали юношам такие «изящные науки» как музыка, пение, танцы и гимнастика. Считалось, что для военной или политической карьеры будущих граждан

12

эти умения совершенно бесполезны, а потому молодых людей обучали верховой езде и фехтованию. Изучение математики было отодвинуто на второй план, на первом стояло изучение греческого и латинского языков, а для учащихся риторических школ – знание законов и ораторское искусство (риторика). Многие родители, заинтересованные в качественном образовании своих детей, отправляли их учиться в Афины. Из дошедших до нас сведений известно, что обычный учебный день в школах Древнего Рима начинался затемно, когда все вокруг еще спали, и продолжался до вечера (с перерывом на обед). Дисциплина в школах была строжайшая, учеба далеко не всем давалась легко. Обычным стимулом к учебе был физическое наказание: битье палкой по рукам, применялись и розги. Есть данные и о том, что в III веке до н.э. в некоторых школах Рима могли совместно обучаться мальчики и девочки.


ПИКИР

АТААНДАШТЫКТЫ жараткан

КЕЧЕСИ Мирлан Токтобеков, “Мугалим”.

Саналуу күндөрдөн кийин, миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрү «билим уясы — мектеп» менен коштошуп, турмуш жолуна аттанышат. Жыл сайын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн ар кандай майрамдык иш-чаралар, шааншөкөөттөр уюштурулуп, натыйжасы көңүл жылытаарлык эмес. Анткени, мындай кечелер бир топ акча каражатын талап кылып, аны табууга ата-энесинин чама-чаркы чак келбегендердин балдары, башкалардын алдында басынып, корунуп, ал гана эмес өз өмүрүнө кол салгандар да жок эмес. Андан тышкары, спирт ичимдиктерин ашкере ичип же ар кандай наркотикалык, психотроптук заттарды колдонгон балдар, авто унааларды башкарып кырсыкка учураса, кээде өздөрүнүн өмүрүнө залакасы тийип жатат.

Бүтүрүү кечеси эмес эле, жарышуу же болбосо кайгыруу кечеси деп атагым келет. Себеби, жылдан-жылга бүтүрүүчүлөр арасында өз ара жарыш жүрүп жаткандай. «Тигил мектептин бүтүрүүчүлөрү ресторанга барат экен, биз клубга барышыбыз керек. Алар мынча миң сомдон чогултуп жатыптыр, биз мынчадан чогултабыз» деген атаандашуулар кеңири кучагын жайган. Андан тышкары, кийген кийимине, тагынган баалуу сөйкө-шакектерине чейин бири-бирин тууроо, башкасына атаандашып, кара жанын карч уруп, тапкан акчасын үй-бүлөсүнө өп-чап жеткирген атаэнелердин балдары, аларга таарынып өмүрүнө кол салган же үйүнөн чыгып кеткен учурлар көп кездешүүдө. Бүтүрүү кечесин өткөрүү керекпи деген суроо менен кээ бир адамдарга кайрылганбыз. Эмесе ошол инсандардын ой-пикирине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

13


ПИКИР Канат Медеров, Бишкек шаарынын тургуну: - Чындыгында, мен мындай кечелерди өткөрүүгө каршымын. Анткени бул кечелерде адеп-ахлакка туура келбеген иштер жасалып, шайтандын азгырыгы менен спирт ичимдиктери ичилип, баңги заттар колдонулаары жашыруун эмес. Андан тышкары, ыксыз ысырапкорлукка жол берилет. Менин оюмда, балдар ошол чогулткан акчаларын кайрымдуулукка же коомго пайда келтире турган ишке жумшаса, сообу көбүрөөк болоор эле. Руслан, Бишкек шаарындагы мектептердин биринин бүтүрүүчүсү: - Бүтүрүү кечесин өткөрүүгө оң көз караштамын. Жыл сайын эле 11-классты бүтө бербейсиң да, андыктан өмүрүңдө бир жолу болчу кечени жогорку деңгээлде уюштуруу керек. Көпчүлүгү мындай кечелердин терс жагын айтышып, өткөрүүгө каршы боло беришет. «Беш кол тең эмес» - дегендей, бардыгы эле ичип, чегип же сайынып кетпейт да, туурабы?.. Ал ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Мисалы, мен спорт менен машыгам, ал кечеге ичиш үчүн барбастан, өмүр бою эсте калуучу көз ирмемдер үчүн барам.

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Сергек Алыбаев, К.Молдобасанов атындагы орто мектептин директору: - Бүтүрүү кечелери шаар мектептеринин бир жагынан салттуу иш-чаралары болсо, экинчиден көйгөйлүү маселелеринен. Мисалы, бизде, айыл мектептеринде «бүтүрүү кечелерин» өткөрүү жокко эсе. Негизи жаран катары аларды өткөрүүгө каршымын. Өлкөбүздөгү каржылык тартыштык, каатчылыкты эске алганда, ошол кечеге чогултулган акча бир үйбүлөнүн бир айлык, балким, эки-үч айлык кирешеси болушу мүмкүн. Кээде акча таппай карайлаган атаэне банктардан же насыя уюмдарынан карызга алып, баласын кечеге жиберишет. Эми ойлонуп көрсөк, бир күндүк майрам үчүн, ата-эне бир жыл насыя төлөйт. Бул каржылык жагы. Ал эми жүрүм-турум, адеп-ахлак маселелеринин өңүтүнөн карай турган болсок, көйгөй андан да коркунучтуу, жүрөк ыйлаарлык абалда.

14

Ширин Исамамбетова, Бишкек шаарынын тургуну: - Өзүм жалгыз боймун. Быйыл кызым мектепти аяктап жатат. Бир айдан бери үйүбүздө «бүтүрүү кечеси» деген көйгөй актуалдуу. Анткени кийген кийими, чач жасалгасы, тагына турган зер буюмдары, кечинде бара турган рестораны бекер эмес экени белгилүү. Кийим-кечесин, зер буюмдарды ижарага алууга эле бир айда тапкан акчам кетет экен. Андан тышкары, ресторанга, жолуна акча беришим керек. Баарын таап бергенден кийин, 1,5-2 ай эч нерсе албастан, жебестен отуруп калууга туура келүүдө. Жибербейм десем, башка балдар-кыздарды мисал кылып, кыйнап отурат. Андан көрө ошол короткон каражатыбызды, келечек кесибине жумшасак жакшы болоор эле.

Кош бол, мектебим!

Мына окурман, жогорудагы ой-пикирлерди талдай турган болсок, улан-кыздарыбыз кур намыска, ала көөдөндүккө же мактанычка алдырып, топуратып той, барпыратып кече өткөргөнү менен, үйүндө ата-энеси карызга батып, башка бир туугандары ичээрге ашы, кийээрге кийими жок отурушу мүмкүн. Андыктан мектеп бүтүрүүчүлөрү атанын акчасы менен мактанбай, акылы, билими, дүйнө таанымы менен мактанып, эгер акчасы ашып-ташып жатса, окууга мүмкүнчүлүгү жетпей жүргөн бир балага берсе, ал миңге айланып, коомго тийгизген чоң жардамы болмок.


КӨЙГӨЙ

СОГУШСУЗ СООЛУГАН ГҮЛДӨР

«

Катышкан мамлекеттер өздөрүнүн юрисдикциясынын чектеринде болгон ар бир баланын ушул Конвенцияда каралган бардык укуктарынын эч кандай басмырлоосуз, расасына, өңүнүн түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук, этностук же социалдык тегине, мүлктүк абалына, баланын, ден соолугунун абалына жана туулушуна анын ата-энесине же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө же кандайдыр-бир башка жагдайларга карабастан урматташат жана камсыз кылышат. БУУнун балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясы 2-берене.

Мирлан Токтобеков, “Мугалим”.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул күн 1949-жылы Парижде өткөн аялдардын эл аралык демократиялык федерациясынын конгрессинде кабыл алынып, 1950-жылдан тарта белгилене баштаган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жалпы калкынын 42% 18 жашка чейинки балдар түзөт (КРнын Улуттук статистикалык комитетинин 2010-жылдагы маалыматына ылайык). Бирок ушул балдар татыктуу билим, таалим-тарбия алып, алардын укуктары, жогоруда белгиленип турган, БУУнун балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциянын 2-беренесинде жазылгандай корголуп жатабы же, тескерисинче, кордолуп жатабы? - негизги маселе ушунда.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Кийинки мезгилдерде массалык маалымат каражаттарынын кайсы булагын карабагын, жакын туугандарынан, ата-энесинин дос курбуларынан, ышкысын ооздуктай албаган эки буттуу айбандардан запкы жеп, кордук көргөн балдардын саны күн санап өсүп, өлкөбүздө жалаң гана ашынган аңгилер менен баңгилер, акыл-эсин аракка алдырган алкаштар менен өспүрүмдөрдүн келечегине балта чапкан маңбаштар жашап жаткандай сезим калтырат. Маселен, 2010-жылы жаш балдарды зордуктоо боюнча 75, 2011-жылы 80, ал эми 2014-жылдын тогуз айынын ичинде эле 116 факт катталган. Балдар менен байланыштуу кылмыш ишинин жалпы саны 987. Ата салтын, эне наркын туу тутуп, түгөнгөн сайын түтөгөн, кырган сайын күчөгөн кыргыз калкына эмне болду? Тукум улаар, из басаар, учугун улантаар баласын зордуктап, кордоп, тамырын кыркып, эртеңине балта чаап жаткан элдин келечеги барбы? - деген өзөктү өрттөгөн оор суроолор өзүнөн-өзү жаралат. Жетебизде жок жорукту баштап, бүгүнкү күндө байма-бай катталып жаткан бул көйгөйдүн келип чыгуу себептери эмнеде? Башынан мындан оор күндөрдү өткөрүп, жумшактан туткучу, катуудан түпкүчү калгычакты кырылып, чабылган кыргыз эли мынчалык пастыкка, айбанчылык деңгээлге түшкөн эмес. Адистердин пики-

«

15


КӨЙГӨЙ

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

ринде, балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулук иштеринин негизги себептери катары, биринчиден, бир идеология талкаланып, экинчисине жол таппай жаткан учурда, адамдардын көп баалуулуктардан кол жууп, жан дүйнөсүнүн жакырданышын жүйөө кылса, мыйзамсыздык — зордук-зомбулуктун жайылышынын экинчи себеби катары белгилешет. Анткени, кылмыш кылып жаткан адам, ал үчүн оор жаза алаарын сезбейт. Бул пикирлерди да жокко чыгарууга мүмкүн эмес. Бирок, аң-сезимин материалдык баалуулуктар ээлеп, акча артынан тоголонгон ата-эненин жоопкерчилигин эмне кылабыз? Аны менен катар, өлкөбүздөгү тышкы миграция маселеси да ойлондурбай койбойт. Ата-энелүү «жетимдер» жакын туугандарынын колунда калып, тарбия-таалимден өксүк өсүп жатышы келечекке кедергисин тийгизери шексиз. Өлкөсүндө өзгөнүн огу атылбай, асманы ачык, тынчтык мезгилде, бал ширин балалыктын доорун сүрүп, ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган жаш өспүрүмдөрдүн, согуш алааматынан кийинки соолуган гүлдөрдөй соолуп жатышы, түшүнгөн адамга апаат жана кыямат кайым. Бул көйгөйдү чечүүнүн бир гана жолу бар. Ал мыйзамдуулук. Буга чейин, мындай кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү же кылмышкерлерди химиялык жол менен кастрациялоо демилгелери көтөрүлгөн. Бирок, ашкере гумандуулугубуздун айынан, чырпыктай балдарыбыздын бутагы сынып, мамлекеттин тиреги, келечеги талкаланып жатат. Бул жазылгандар, маселенин чети гана, андан тышкары, толгон токой көйгөй, түмөн түйшүк бар. Мамлекет тиешелүү мыйзам кабыл алып, мындан ары, коомубузга кордолгон, зордолгон балдар болбойт деген ишеничтебиз. Ойлонуучу мезгилден, чара көрүүчү мезгилге жеттик. «Бүгүнкү күндү тапанча менен атсак, келечек бизди замбирек менен атаарын» эсибизден чыгарбайлы!

16

Майып досун жонуна көтөргөн бала Мафтуна Исраилова, КУУнун студенти. Кытайда үч жылдан бери буту баспаган майып досун жонуна көтөрүп алып, мектепке ташып окуткан 18 жаштагы бала тууралуу кабар дүйнөлүк басма сөздө кеңири жайылып, окурмандардын кызыгуусун жаратты. Beijingist басылмасында чыккан кабарда Цай Цу аттуу өспүрүм булчуңдары атрофия болуп ооруп, буту баспай калган классташы Янг Чини күнүнө 173 метрлик аралыкка аркасына көтөрүп алып окутары айтылат. “Бул эки окуучунун окуясы дүйнөнү таң калтырып, бизге дагы кубаныч тартуулоодо. Алардын туугандык деле жайы жок. Ошентсе да Цай Цу досуна үч жылдан бери тынымсыз кам көрүп келет. Янг Чи буту баспаса да классташынын аракетинен улам бир да сабагын калтырбады. Мамлекеттик сынакка дагы катышканы турат”, - деди мектеп директору гезиттерге.


ТАЖРЫЙБА

Эманиуэль Оен, швейцар мугалими:

кесип « Мугалимдик өтө оор, бирок алкышка арзыйт «

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

Совет учурунда биздин өлкөдө өскөн өспүрүмдөрдүн көбү мугалим, космонавт же сөзсүз дарыгер болууну кыялданышчу. Европада өспүрүмдөр кайсыл кесиптин ээси болгулары келет? Мугалимдик кесип популярдуубу? Кандайча билим берүү тармагын тандап калдыңыз? - Кесипти туура тандоо оор. Башка мамлекеттер бул багытта кандай иш жүргүзүшөт билбейм, бирок бизде чоң мааниге ээ. Мектепте класс жетекчиден тартып, атайын кызматкер, тийиштүү уюмдардан бери катышат. Баары уюшкандыкта бирдей иш алып барышат. Мен кесипкөй котормочу болгум келчү. Канчалык мага жагып турса да, окуп, иштээрден мурда өзүмдү сынап көргүм келди. Бирок мага эмнегедир ал тандоом жакын эместей сезилди. Адамдардан алыс, өзүнчө калгандай туюлду. Менин ички дүйнөмө төп келген жок. Ошентип котормочулук мага жаккан жок. Мектепти аяктай элек 12-16 жаштагы окуучуларга атайын адистик боюнча чакан курстарды өтүү сунушун кабыл алдым. Ал кезде өзүм деле абдан жаш болчумун (мектепти жаңы эле аяктагам). Алардын жанында дос, курбуларындай эле жүрдүм. Алар менен бош убактымды бөлүшкөнүмө ыраазы болчумун. Өзүмдү кайрадан окуучу сезип, алар менен өткөргөн күндөрүм чындап эле мага ырахат тартуулаган. Окуучуларга көп окуш керектигин үйрөтүп, алардын мектепти аяктаарга чейинки убакытын чогуу өткөргүм келчү. Демек, мугалимдин орду окутуу менен эле чектелбеш керектигин так түшүндүм. Тарбия берүү, баарлашуу жана жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүү экендигин билдим. Билим берүү - баланын чоңоюп, чоң адамга айланышына көмөктөшүү. Бул кесиптик тажрыйба мага келечекте ою таза билимдүү мугалим болушума түрткү берди. Менин француз, англис жана италиян тилдерин билгендигим да

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Швейцар жеринде балдар үчүн мектеп төрт жаштан башталат. Социалдык кызматтарда ар бир бала каттоодо турат, ошол үчүн мектеп короосунун ордуна көчө таптап жүргөндөр жок. Кыргызстандан айырмаланып окуучу мектепке эртең менен келип, окуусу түштөн кийин дагы уланат. Каникул бат-бат болуп турат, ошол үчүн чарчап-чаалыккандар деле байкалбайт. Билим берүү тармагы улам-улам жаңыртылып, өзгөртүлүп турат. Мамлекеттик мектептер менен катар заманга ылайык жеке менчик окуу жайлар да бар. Акыркысында адатта чет жактан келген, социалдык абалы жогору ата-энелердин балдары окуйт. Эгерде жабдуу жагын алсак, анда бардык мектептер мейли жеке же мамлекеттик болбосун бирдей, болгону жеке менчик мектептерде жатаканалар бар. Анткени менен бардык окуу жайларда талап бир - мектептеги окуу кызыктуу жана өзүнө тартып тургандай болуш керек. Швейцар мектептери америкалык, англиялык, француз жана немис билим берүү тармактарынын мыкты жактарын алышкан. Мындай өзгөчөлүк Европанын башка өлкөлөрүндө кездешпейт. Мугалимдерге талап катуу. Швейцар мектебинде иштөөнү каалагандар жок дегенде эки чет тилин билиши, педагогикалык билими жана алдын ала тажрыйба өткөн болуш керек. Албетте, кесиптин түйшүгү кайсыл өлкө болбосун бирдей. Азыркы замандын мугалимдеринин абалы, швейцар билим берүүсүнүн өзгөчөлүктөрү туурасында бүтүрүүчүлөрдүн класс жетекчиси Эманиуэль Оен ой бөлүштү.

Манат Сулайманова, журналист журналист.

17


mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

ТАЖРЫЙБА

18

мага көп жардам берди го деп ойлоп кетем. Азыр эсептесем беш жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жатыптырмын. Көңүлүм дайыма ачык, анткени өзүм тандап жакшы көргөн ишим менен алекмин. Бир дагы жолу өкүнүп же капа болгонум жок. Анын үстүнө ар улуттун өкүлдөрүн окутам, мектепти бүтөөрүнө үч жыл калган окуучулар менен иштешип, алардын класс жетекчисимин. Алардын түрдүү маселелерине көмөктөшөм, мейли күнүмдүк, мейли жеке болсун. Болочок кесибин туура тандоого кеп-кеңешимди аябай берип турам. Ар бир күн кызыктуу жана өзгөчө өтөт. Бул кесиптин ар түрдүүлүгүнө суктанам: мугалим - педагог, мугалим - психолог, мугалим - социолог, мугалим - тарбиячы, мугалим - окутуучу. Жаңы технологияларды алар менен чогуу үйрөнүп, баарлашуунун заманбап түрлөрүн колдоном. Бардыгы тең бирдей көз караштагы, бирдей физикалык түзүлүштөгү, бирдей жетишкендиктеги өспүрүмдөр жок, айырмалар толтура. Ар бирине өзгөчө мамиле жасоо мугалимдин милдетине кирет. Бул кесиптин социалдык жагы. Окуучуга билим берип гана тим болбостон, алардан дагы үйрөнө турган нерселер бар. Пикир алмашып, бетме-бет жандуу сүйлөшүү эки тарапка тең бирдей керек. - Мектеп - бул окуучунун экинчи үйү. Швейцар билим берүү жоболоруна ылайык окуучу беш күн окуйт. Түшкү танапистен кийин окуу улана берет эмеспи. Мугалим көп учурда ата-эненин да ролун тең бөлүшөт. Бул кесиптин ээлерин көбүнчө эркектер же айымдар басымдуулук кылабы? - Баштапкы класстарда эркек мугалимдердин аздыгы чынында байкалат. Аялдар эркектерге салыштырмалуу мугалимдик кесипти да, үй-бүлөнүн да ролун бирдей алып кете алат деп айтылат. Ал эми эркектер адатта айлык акы жогору жакта иштейт эмеспи. Анын үстүнө мектеп менен эле ишиң бүтүп калбайт, үйдөн тапшырмаларды текшерип, тест, экзамендерге даярдыктарды көрүш керек. Бул, албетте, көп убакытты алат. - Окутуучу кандай сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойсуз? - Азыркы замандын мугалимдери балдар менен тыгыз байланышта болуусу керек. Сабакты тийиштүү деңгээлде эле окутуп тим болбостон, алар менен жакын дос, сырдаштын да милдетин аткаруусу зарыл. Ага кошумча жамаат менен иштегенден качпай, ата-эне менен мамилеси жакын болуп, социалдык кызматкер, психолог, көтөрүмдүү, шаңдуу, түшүнүктүү, стресске көп чалдыкпаган адам катары калыш керек. Баланын көңүлүн алдын ала билип, ар бирине өзүнчө мамиле таап, окуучунун мектептеги эле эмес үйүндөгү дагы абалына көңүл бөлүп, алдын алып туруш керек. Шахматтагы оюндай алдын ала жүрүштү байкап туруу. Албетте, жагымдуу учур көп, бирок кээде кейиштүү учурлар да кездешпейт койбойт экен. Түшүнбөй калган учурлар болот, ал учурда белгилүү психологдордун кеп-кеңештерин окуп же улуу муун менен кеңешип кою ашыктык кылбайт. - Заман ордунда турбайт, аны менен жашоо жаңыланат. Артка кылчайсак, албетте, көп айырма көзгө урунат. Азыркы мектеп окуучулары кандай? - Мектеп окуучуларын салыштырсам айырма көп деле байкалбайт. Жалпысынан ошондой эле тың, шаңдуу деп айта алам. Бүгүнкүнүн окуучулары салыштырмалуу интернетке оңой кошулушат, заманбап техниканын «мугалимдери», компьютер, телефонду кыйналбай “жиликтей» алышат. Интернет мууну деп бекеринен айтылбайт. Мурда биз бала чакта телефон чанда кездешип, бири-бирибиз менен түз эле үйүбүзгө барып сүйлөшүп алчубуз. Азыр карасаңыз, баары танаписте телефон менен жүрүшөт. Бири-бири менен телефон, интернет аркылуу сүйлөшөт. Биз да алардан артта калбай, алар менен бир катарда болуу үчүн айла жок алардын оюну менен ойнойбуз. Аларга биз алыскы муундун өкүлү эмес, досу катары болгондуктан, биз да интернетке кошулуп, смс аркылуу сүйлөшүп турабыз. Албетте,

жакшы жагы бар. - Сөзүңүзгө аралжы, мен биринчи кезекте эне катары интернеттин оң жагы менен катар терс жактарын да байкап жүрөм. Албетте, коопсуздук жагын алсак, анда баланын интернетке кошулуп, телефон көтөрүп жүргөнү ата-энеге ыңгайлуу. Ал эми терс жагы өз ара баарлашуу кыскарып калат. Жалкоолук күчөйт. - Сиз менен толук кошулам. Терс жагы бар. Тапшырманы алаксып даярдабай келгендер толтура. Жөргөмүштүн торундай техника өзүнө билинбей байлай берет. Кантип убакыттын өткөнү билинбей калат. Бул маселенин бир жагы. Экинчи жагдай - швейцар жеринде жалаң эле швейцар улуту жашабайт. Биздин өлкө - көп улуттуу өлкө. Мигранттар да арбын. Баарынын социалдык абалы тегиз эмес. Анан мектеп окуучусунун кымбат баалуу буюмду колдонуп жүргөнүн туура деп таппайм. Бирок мектеп ичинде катуу тартип бар. Мектептин короосунда көтөрүп жүрө берсе болот, бирок сабак учурунда мугалим телефонду же дагы башка кымбат техниканы көрсө, тартып алып ата-энеси менен сүйлөшөт. Андан башка дагы чаралар колдонулат. Окуучулар бул тартипти сакташат. - Менин билишиме караганда, бул жакта бала бакчадан тартып, ар бир мектептин өзүнүн чакан китепканасы бар. Сиздин жеке оюңузча, окуучу үй тапшырмасын, экзаменди китеп менен аткаруусу туурабы же азыркыдай интернет менен иштөө оңбу? - Жеке менин оюмда, экөө менен тең иштеген ыңгайлуу. Айрым окуучулардын эсинде китеп көпкө сакталат. Айрымдары интернеттен карап жаттап алышат. Мугалим кайсыл ыңгайлуу экендигин байкап гана турушу керек. “Уруксат


ЭССЕ эмес, макул эмесмин” деген сөздөр чынында өспүрүмгө катуу тиет, натыйжада туура эмес жыйынтык берет. Китепканалардагы эски китептердин көбү азыр интернетке чыгып калды. Каалаган адабиятты тапсаң болот. Үйгө берилген тапшырмаларды кээде китептен таап, окуп келгиле десек, айрым учурда сайттын дарегин деле берип коебуз. Чындап келгенде биз аны айтпасак деле «жөндөмдүү» окуучу аны таап алып, көчүрүп келет. Бирок сайттагы тапкан адабиятты толук көчүрүп эмес, өз сөзүн менен түшүнгөнүңдү билдир деп милдет коебуз. Ошол эле учурда интернеттин капканына түшүп калбай турган жакты да эстен чыгарбоо керек. Керектүү жагын пайдаланып кантип терс жагынан сактанышыбыз керек мына бул - чоң маселе. - Мугалим болуш учун кайсыл окуу жайды аяктап, кандай тажрыйба топтош керек? - Орто мектепти аяктаган соң, жогорку окуу жайга тапшырып, бакалавриат дипломун алуу керек. Албетте, швейцар жери төрт тилдүү болгондуктан, мамлекеттик тилдин жок дегенде экөөндө эркин сүйлөшө алыш керек. Андан тышкары, бир-эки жылдык педагогика боюнча атайын курстар бар, аны бүткөндүгү тууралуу күбөлүк керек. - Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Соңунда кыргызстандык мугалимдерге, кесиптештериңизге кандай каалоо-тилектериңизди айтаар элеңиз? - Мугалимдик кесип өтө оор, бирок алкышка арзый турган иш. Бул кесиптин ээлери чыныгы баатырлар десем жаңылышпайм, себеби биз келечектеги президент, саясатчы, космонавт, дарыгер, философ деги кимди гана тарбиялабайбыз. Менин алыстагы кесиптештериме бардык жакшылыктарды каалайм. Асманыбыз дайым ачык, маанайыбыз жарык болуп турсун!

Аким Кожоев, публицист

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

Иногда мне кажется, что мы не ценим свою жизнь. И как часто мы тратим ее по мелочам, по пустякам. Вместе того, чтобы дорожить каждой минутой, каждым мгновением жизни, мы расходуем ее на пустые разговоры, на ненужные вещи, порой даже на всякую ерунду. Если бы мы часто задумались о том, что наша жизнь состоит не только из годов и месяцев, но из часов и из минут, даже из секунд и из мгновений, мы ценили бы ее. Мы относились бы к ней бережно, тратя ее лишь на самое важное и самое необходимое. Наверно только тогда мы поняли бы, что в жизни нет ничего значительнее любви, нет ничего важнее взаимного доверия и взаимопонимания. Только тогда мы осознали бы, что все остальное суета сует, все остальное пустота и ничего больше. Если мы жили бы с каждой минутой, понимая, что эта наша жизнь, понимая, что с этой минутой уходит хоть какая, хоть малая часть нашей драгоценной жизни, если мы осознали бы, что эта наша минута или мгновение сейчас покидает нас раз и навсегда, что мы «два раза не сможем войти в воду» - наверно тот час опомнились бы. Вероятно, тогда разом пробудились бы от всеобщей спячки (дурмана) материализма, властолюбия, корысти, выгоды, моды, зависти и т.п. И перед нами открылся бы совсем другой мир, и мы все ахнули бы от удивления. Перед нами открылся бы сказочный мир, которого мы оставили давным-давно, оставили еще тогда, когда мы вышли из детского возраста. Да, мы снова вернулись бы в тот волшебный мир, мир, где каждый вещь, каждое явление показалось нам таинственным, загадочным. Мир, где каждая минута, даже каждое мгновение для нас было откровением, и каждого божьего дня мы встретили как праздник, как радостное торжество, умиляясь полету даже маленькой бабочки. Разумеется, тогда для нас всех жизнь стала бы опять сказкой, а мир загадкой, которого нам предстояло разгадать каждый день. О, тогда мы смеялись бы искренно как в детстве, радовались бы, любовались бы как в детстве, раскрывая встречу жизни всю нашу сущность, всю нашу душу. Хотя в детстве мы не имели своего почти что ничего, однако весь мир, вся вселенная принадлежала нам. А сейчас в некоторых из нас имеем очень много, но сами себе не принадлежим. Мы жестоким образом обмениваем свою жизнь, эту бесценную штуку на вещи, на деньги и золото, на всякую ненужную мишуру. Мы потеряли вкус красоты, вкус любви, и в конце концов, вкус жизни. Ограждая себя всякой роскошью и современной техникой (машиной, компьютером, телефоном и всякими другими вещами) мы сами незаметно для себя превращаемся в бесчувственный механизм. При этом губим свою душу, эту божественную искру, нещадно задушив ее каждодневно. Она хочет свободы, хочет простора, хочет высоты и полета. А мы заперли ее в решетку своих привычек и своих желаний, своей обыденщины, загнали ее в свой тесный мирок, и чтобы не слышать ее крик, ее страшный вопль, некоторые из нас замуровали ее навсегда. Если мы не замечаем красоту вокруг себя, если наши сердца больше не трепещут при виде звезды на ясном небе, если нас не трогает улыбка чужого ребенка, если мы потеряли способности слушать музыку природы, значит, мы лишились самого главного в себе самих. Порою, мы глухи к чужим горем и чужим несчастьям, мы утратили способности сострадать и сопереживать, способности слышать крик души другого человека. Равнодушие, самое страшное болезнь нашего века, как свинцовая туча окутала нашу жизнь, а эгоизм и себялюбие пожирает нашу душу изо дня в день, обращая ее в бесчувственный камень. Проходя мимо нищего, простиравшего руки на нас, мы часто не замечаем, какой хрупкой надеждой смотрит он на нас, не замечаем, что он тоже живой человек подобно нас, и под покровом разодранной его одежды бьётся такое же сердце, как и у нас. Мы забыли, что Господь Бог его создал тоже по образу и по подобию себя, и мы не только не имеем права пренебрегать и не замечать им, напротив, мы должны помочь ему и любить его как самого себя. Любить как Человека.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Швейцариялык студенттер

Любить ЧЕЛОВЕКА

19


ЖОЖ

ПЕДАГОГДОРДУ ДАЯРДАГАН АЛДЫҢКЫ

КАФЕДРА К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Педагогика жана психология кафедрасы 1980-жылы Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунун негизинде уюшулган. Учурда Педагогика жана психология кафедрасы БГУнун эң алдыңкы кафедраларынын бири. Анын курамын эки педагогика илиминин доктору, үч педагогика, бир социология илимдеринин кандидаттары, үч доценти жана башка тажрыйбалуу, мыкты мугалимдери түзөт. Кафедранын мүчөлөрү психология жана педагогика тармагынын кесипкөй чеберлери. Алар Ленинграддагы А.Герцен атындагы педагогикалык университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, К.Карасаев атындагы БГУнун бүтүрүүчүлөрү. Кафедрада төрт Кыргыз Республикасынын Эл агартуу отличниктери эмгектенишет. Биздин магистранттар “Жалпы педагогика” жана “Социалдык педагогика” боюнча билим алышат. Алардын саны жыйырмадан ашык. Педагогика жана психология бөлүмүнө абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Окуу мөөнөтү төрт жыл (күндүзгү бөлүмү). Окуу акысынын орточо төлөмү - 17000 сомду түзөт.

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

РЫСКЕЛДИ ТОКСОНБАЕВ,

20

К.Карасаев атындагы БГУнун Педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, профессор.


ЖОЖ

Педагогика кафедрасынын жамааты БГУнун ректору А. Мусаев менен

Социалдык педагог – заманбап адис болуп чыгышы зарыл

Социалдык педагогдор кандай профессионалдык сапаттарга ээ болушу керек? Ириде адам психологиясын терең билүүсү зарыл. Андан соң, баланын жана үй-бүлөдөгү мамилелерден келип чыккан көйгөйлөрү боюнча өспүрүмдөрдү коомдо адаптациялоо, аң-сезимин тарбиялоо суроолору тууралуу алардын укугун, мыйзамын кеңири жана так билиши керек. Кагаз иштерин туура алып жүрүү; баарлашуу жөндөмүн өздөштүрүү; ийкемдүү, чыдамкай жана кыраакы болуу; ар кандай маселени чечүүдө толеранттык мамиле кылуу керек экенин төрт жыл аралыгында студенттер өздөштүрүп чыгышат. Билим берүү жаатындагы кызматташтыктын ийгиликтери mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

Алдыңкы мугалимдер, студенттер жана магистранттар эл аралык заманбап карым-катнаш программасы боюнча Россия өлкөсүндөгү педагогикалык жогорку окуу жайларына, билим алууга зор мүмкүнчүлүктөрү бар. Айта кетсек, А.Акмулла атындагы Башкырстан педагогикалык университетине, Жезказган педагогикалык институтуна тажрыйба топтоо жана кесиптик шыгын жогорулатуу максатында би-

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Социалдык педагог – жогорку квалификациядагы адис, ал өзүнүн тыкан жана ийкемдүү профессионалдык сапаттары менен айырмаланып турат. Азыркы замандын коому ар кандай социалдык жана психикалык көйгөйлөрдүн себебинен оор абалга чалдыгып жашоодо. Ар категориядагы, статусундагы адамдардын психикалык ден соолугун сактоо жана социалдык жардам көрсөтүү, аларды коргоо максатында жаралган, азыркы талаптын орчундуу маселелерин кыраакылык менен чече турган кесиптердин бири десем жаңылышпайм. Социалдык педагогдор ар тараптуу ишмердүүлүккө ээ болгондуктан алар адамдардын турмушундагы опурталдуу кырдаалдарды чечүүгө аракеттенишет. Алар оор абалга чалдыккан адамга тарбия берүү, туура жол көрсөтүү, консультация берүү боюнча, адамдын оюн, кыялын оңдоо, түстөө максатында иш- аракетин жүргүзүшөт. Ошондой эле мектептерде, балдар үйүндө, атайын мектептерде, майыптар жана кары-картаңдар үйлөрүндө, реабилитациялоо жана кризистик борборлордо, социалдык коргоо башкармалыгында, жаш өспүрүм балдардын чыгармачыл жана спорттук тобунда, психологиялык, медициналык жана үй-бүлөгө жардам берүү борборлорунда иш алып барышат. Социалдык педагогдор адамдардын психологиялык абалын, жаш өспүрүм балдардын жашоо шартын жакшыртуу, алардын жалпы кызыкчылыгын, муктаждыгын, оор жашоо абалын, турмушундагы уруш-талаш кырдаалдарын, жүрүм-турумдагы чектен чыгуу аракетин изилдөө, аларды түстөө, оңдоо менен дагы аракеттенишет. Биздин бүтүрүүчүлөр заманбап социалдык-педагоги-

калык технологияларын колдонуп иш жүргүзүшөт. Мисалы, үй-бүлөгө жардам берүү технологиясы, тобокел калган балдарды – балдар үйүнө жайгаштыруу, консультация берүү, реабилитациялоо, чыгармачыл жөндөмдү өстүрүү, камакта жаткан жаш курагы жете элек өспүрүм балдардын психикалык абалын сактоо технологиясы ж.б.

21


ЖОЖ дамы менен “Жогорку мектептин педагогикасы жана психологиясы” ( жумасына 6 саат), “Педагогикалык изилдөөнүн методологиясы жана методикасы” ( жумасына 8 саат), “Билим берүүдөгү башкаруу” (жумасына 8 саат), “Педагогикалык баарлашуу” (жумасына 8 саат) дисциплиналарынан О.А.Байконуров атындагы Жезказган университетинин магистранттары үчүн эки жумалык курс өткөрүлдү. Билим берүү технологияларынын жаңылыктарын эске алуу менен магистранттардын билимин тереңдетүү жана жогорулатуу, пикир алышуу, тажрыйба алмашуу - бул курстун максаттарынын бири болду. Эки жумалык мөөнөттө билим берүү жана окутуунун методикасы жана методологиясы, жогорку мектептин педагогикасы, социалдык педагогика боюнча абдан орчундуу маселелер каралып, пикир алмашуулар болду. Атап айтсак, азыркы мезгилде адам менен айлана-чөйрөнүн, адам менен адамдын ортосунда келишпөөчүлүктөр күч алып, адамдын психикасына терс таасир эткен көрүнүштөр көп экени талашсыз. Мына ушундай көйгөлөрдү талкуулоо аркылуу магистранттар бири-бири менен зор тажрыйба алмашууга жетишти. Белгилей кетчү нерсе, билим берүү системасындагы мамлекеттер аралык педагогикалык кызматташтык бир эле күндүк же болбосо эки эле жумалык болбостон, келечекте абдан чоң ийгиликтерге жетүүнүн жолун табууга өбөлгө түзө турган, көп жылдык биргелешип иш алып баруучу алакалардан болооруна биз ишенебиз.

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

лим алышууда. Атап айтканда, 2015-жылдын 2-январында түзүлгөн Эл аралык кызматташтык келишимдин негизинде О.А.Байконуров атындагы Жезказган университети менен К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Славян таануу факультетинин педагогика жана психология кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамынын жардамы менен магистранттар үчүн билим, илимий жана маданий квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулду. Бул кызматташтык жалпы билим берүү программалары жана проекттерин өнүктүрүүдө, педагогикалык билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууда кубаттуу түрткү болду десек жаңылышпайбыз. К.Карасаев атындагы БГУнун педагогика жана психология кафедрасынын педагогикалык жааматы бул багыттагы кызматташтыктын мааниси, мазмуну жагынан алганда эң керектүү деп эсептешет, себеби окутуучулардын магистранттар менен студенттерге билим берүүдө, окутууда академиялык тажрыйбаларын алмашуу азыркы учурда олуттуу маселелердин бири. Дегеле билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө ШКУ мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын, мисалга алсак, Кыргызстан – Орусия, Кыргызстан – Казакстан мамлекеттеринин, билим берүү системасындагы жаңы багыттагы кызматташтыктары жемиштүү таасирин тийгизүүдө. Билим жаатындагы кызматташтыктын негизинде үстүбүздөгү жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин педагогика жана психология кафедрасынын окутуучулар жааматынын түздөн-түз жар-

22

Окутуучу студенттер менен.


ПИСЬМО

Нет любви бескорыстней и безусловней, чем любовь родителей к своим детям. Чарли Чаплин, отец 12 детей, в 1965 году, будучи умудренным стариком 76 лет, написал письмо своей двадцатиоднолетней дочери Джеральдине, ищущей себя в танце на парижской сцене. Письмо эмоциональное, глубоко личное, но в то же время подходящее каждому из нас. Это пример отцовской любви и заботы, грусти и радости, гордости и переживаний, накопленной мудрости и сохранившегося в нем детства. «Я никогда не был ангелом, - писал гений кинематографа, - но я всегда стремился быть человеком. Постарайся и ты». Прочитайте это письмо и подумайте, чему научили Вас Ваши родители, и чему Вы хотели бы научить Ваших детей.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

ешь себя выше публики, сразу же бросай сцену. На первом же такси поезжай в окрестности Парижа. Я знаю их очень хорошо! Там ты увидишь много танцовщиц вроде тебя, даже красивее, грациознее, с большей гордостью. Ослепительного света прожекторов твоего театра там не будет и в помине. Прожектор для них — Луна. Вглядись хорошенько, вглядись! Не танцуют ли они лучше тебя? Признайся, моя девочка! Всегда найдется такой, кто танцует лучше тебя, кто играет лучше тебя! И помни: в семье Чарли не было такого грубияна, который обругал бы извозчика или надсмеялся над нищим, сидящим на берегу Сены. Я умру, но ты будешь жить. Я хочу, чтобы ты никогда не знала бедности. С этим письмом посылаю тебе чековую книжку, чтобы ты могла тратить, сколько пожелаешь. Но когда истратишь два франка, не забудь напомнить себе, что третья монета — не твоя. Она должна принадлежать незнакомому человеку, который в ней нуждается. А такого ты легко сможешь найти. Стоит только захотеть увидеть этих незнакомых бедняков, и ты встретишь их повсюду. Я говорю с тобой о деньгах, ибо познал их дьявольскую силу. Я немало провел времени в цирке. И всегда очень волновался за канатоходцев. Но должен сказать тебе, что люди чаще падают на твердой земле, чем канатоходцы с ненадежного каната. Может быть, в один из званых вечеров тебя ослепит блеск какого-нибудь бриллианта. В этот же момент он станет для тебя опасным канатом, и падение для тебя неминуемо. Может быть, в один прекрасный день тебя пленит прекрасное лицо какого-нибудь принца. В этот же день ты станешь неопытным канатоходцем, а неопытные падают всегда. Не продавай своего сердца за золото и драгоценности. Знай, что самый огромный бриллиант — это солнце. К счастью, оно сверкает для всех. А когда придет время, и ты полюбишь, то люби этого человека всем сердцем. Я сказал твоей матери, чтобы она написала тебе об этом. Она понимает в любви больше меня, и ей лучше самой поговорить с тобой об этом. Работа у тебя трудная, я это знаю. Твое тело прикрыто лишь куском шелка. Ради искусства можно появиться на сцене и обнаженным, но вернуться оттуда надо не только одетым, но и более чистым. Я стар, и может быть, мои слова звучат смешно. Но, по-моему, твое обнаженное тело должно принадлежать тому, кто полюбит твою обнаженную душу. Не страшно, если твое мнение по этому вопросу десятилетней давности, то есть принадлежит уходящему времени. Не бойся, эти десять лет не состарят тебя. Но как бы то ни было, я хочу, чтобы ты была последним человеком из тех, кто станет подданным острова голых. Я знаю, что отцы и дети ведут между собой вечный поединок. Воюй со мной, с моими мыслями, моя девочка! Я не люблю покорных детей. И пока из моих глаз не потекли слезы на это письмо, я хочу верить, что сегодняшняя рождественская ночь — ночь чудес. Мне хочется, чтобы произошло чудо, и ты действительно все поняла, что я хотел тебе сказать. Чарли уже постарел, Джеральдина. Рано или поздно вместо белого платья для сцены тебе придется надеть траур, чтобы прийти к моей могиле. Сейчас я не хочу расстраивать тебя. Только время от времени всматривайся в зеркало — там ты увидишь мои черты. В твоих жилах течет моя кровь. Даже тогда, когда кровь в моих жилах остынет, я хочу, чтобы ты не забыла своего отца Чарли. Я не был ангелом, но всегда стремился быть человеком. Постарайся и ты. Целую тебя, Джеральдина. Твой Чарли. Декабрь 1965 г.»

#5-6 (13) 2015 май-июнь

«Девочка моя! Сейчас ночь. Рождественская ночь. Все вооруженные воины моей маленькой крепости уснули. Спят твой брат, твоя сестра. Даже твоя мать уже спит. Я чуть не разбудил уснувших птенцов, добираясь до этой полуосвещенной комнаты. Как далеко ты от меня! Но пусть я ослепну, если твой образ не стоит всегда перед моими глазами. Твой портрет — здесь, на столе, и здесь, возле моего сердца. А где ты? Там, в сказочном Париже, танцуешь на величественной театральной сцене на Елисейских полях. Я хорошо знаю это, и все же мне кажется, что в ночной тишине я слышу твои шаги, вижу твои глаза, которые блестят, словно звезды на зимнем небе. Я слышу, что ты исполняешь в этом праздничном и светлом спектакле роль персидской красавицы, плененной татарским ханом. Будь красавицей и танцуй! Будь звездой и сияй! Но если восторги и благодарность публики тебя опьянят, если аромат преподнесенных цветов закружит тебе голову, то сядь в уголочек и прочитай мое письмо, прислушайся к голосу своего сердца. Я твой отец, Джеральдина! Я - Чарли, Чарли Чаплин! Знаешь ли ты, сколько ночей я просиживал у твоей кроватки, когда ты была совсем малышкой, рассказывая тебе сказки о спящей красавице, о недремлющем драконе? А когда сон смежал мои старческие глаза, я насмехался над ним и говорил: «Уходи! Мой сон — это мечты моей дочки!» Я видел твои мечты, Джеральдина, видел твое будущее, твой сегодняшний день. Я видел девушку, танцующую на сцене, фею, скользящую по небу. Слышал, как публике говорили: «Видите эту девушку? Она дочь старого шута. Помните, его звали Чарли?» Да, я - Чарли! Я - старый шут! Сегодня твой черед. Танцуй! Я танцевал в широких рваных штанах, а ты танцуешь в шелковом наряде принцессы. Эти танцы и гром аплодисментов порой будут возносить тебя на небеса. Лети! Лети туда! Но спускайся и на землю! Ты должна видеть жизнь людей, жизнь тех уличных танцовщиков, которые пляшут, дрожа от холода и голода. Я был таким, как они, Джеральдина. В те ночи, в те волшебные ночи, когда ты засыпала, убаюканная моими сказками, я бодрствовал. Я смотрел на твое личико, слушал удары твоего сердечка и спрашивал себя: «Чарли, неужели этот котенок когда-нибудь узнает тебя?» Ты не знаешь меня, Джеральдина. Множество сказок рассказывал я тебе в те далекие ночи, но свою сказку — никогда. А она тоже интересна. Это сказка про голодного шута, который пел и танцевал в бедных кварталах Лондона, а потом собирал милостыню. Вот она, моя сказка! Я познал, что такое голод, что такое не иметь крыши над головой. Больше того, я испытал унизительную боль скитальца-шута, в груди которого бушевал целый океан гордости, и эту гордость больно ранили бросаемые монеты. И все же я жив, так что оставим это. Лучше поговорим о тебе. После твоего имени — Джеральдина — следует моя фамилия — Чаплин. С этой фамилией более сорока лет я смешил людей на земле. Но плакал я больше, нежели они смеялись. Джеральдина, в мире, в котором ты живешь, существуют не одни только танцы и музыка! В полночь, когда ты выходишь из огромного зала, ты можешь забыть богатых поклонников, но не забывай спросить у шофера такси, который повезет тебя домой, о его жене. И если она беременна, если у них нет денег на пеленки для будущего ребенка, положи деньги ему в карман. Я распорядился, чтобы в банке оплачивали эти твои расходы. Но всем другим плати строго по счету. Время от времени езди в метро или на автобусе, ходи пешком и осматривай город. Приглядывайся к людям! Смотри на вдов и сирот! И хотя бы один раз в день говори себе: «Я такая же, как они». Да, ты одна из них, девочка! Более того. Искусство, прежде чем дать человеку крылья, чтобы он мог взлететь ввысь, обычно ломает ему ноги. И если наступит день, когда ты почувству-

23


mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Жашаганын эмес жасаганын баала

24

1927-2014

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими

МАМАДЫ БАИМБЕТОВ


ИНСАН

mugalimjournal@gmail.com

1989-жылы Кыргыз педогогика илим изилдөө институтунун кыргыз тилин жана адабиятын окутуу методикасы секторунун башчысы С.Байгазиев баштаган топ М.Баимбетовдун Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы башкы каармандардын бири – Абил бийдин образын талдоо боюнча 10-класстагы диспут сабагына катышып, жогорку баа беришкен (С.Байгазиев. Кара-Кулжа контрасттары// Мугалимдер газетасы, 1989, 14-июнь). Арман кылчу нерсе агайдын иш тажрыйбасын жайылтабыз деп Фрунзеге (азыркы Бишкекке) алып кеткен материалдар жарыяланбай кала берди. М.Баимбетов кыргыз тилин окутуу боюнча төрт китептин, коомдук маселелерге байланыштуу үч китептин, 70тен ашык макаланын автору жана ыйман сабагы боюнча түзүлгөн программага (1-9-класстар үчүн) авторлош болгон. «Кашка-Жол» орто мектебинде мугалим болуп иштеген мезгилинде (1982-2006-ж.) ар бир чейректин аягында мыкты окуган алты окуучуга 15 сомдон, 1996-жылдан ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинин беш студентине (ар бир семестрде) 100 сомдон өзүнүн атындагы стипендияны берип турган. Бүтүрүүчү курстарга кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы боюнча атайын курс окуп, «ОшМУнун ардактуу профессору» наамына да татыктуу болгон. 1969-жылы С.Киров атындагы орто мектепте директор болуп турганда 6-күндөрү Өзгөн шаарындагы мектептин окуучулары (өзбек улутундагы балдар, кыздар) айылдагы кыргыз балдар менен бирге ойношуп үйүндө түнөп эс алышып, кийинки жумада бул саамалык Өзгөн шаарында улантылган. М.Баимбетов окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай, эки элдин ортосундагы достук байланышты ишке ашырган. Ал мугалимдик ишмердүүлүгү менен бирге чыгармачылыкты да бирдей алып жүргөн. «Кыргыз ырым-жырымдары» (1997-ж.), «Мактанба» (1998-ж.), «Ыйман сабактары» (1999-ж.) өңдүү китептерди жарыкка чыгарган. Орусча, өзбекче, казакча, арабча чыккан гезит-журналдарды окуп, окумал агай катары билгендерин эл чогулган жыйындарда, аш-тойлордо айтып берген. Эл ичинде болгон жакшылык, жамандыктарда элди башкарып, келген меймандарды аткарган. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик курууну демилге көтөрүп, Октябрь айылынан Тоготой айылына келчү окуучулар өтө турган Базар-Арыкка көпүрө курдуруп, маркумдар жаткан жайдын тегерегин темир тор менен тостурууну жетектеп, ашар жолу менен айылга эки кабат үгүт-насаат үйүн курууга жетекчилик кылган. Үйүндө жүрүп иштеген беш жетим кыз-жигиттин үйлөнүү тоюн өз каражатын сарптап, өткөрүп очор-бачар бүлө курушуна себепкер болгон. 1997-жылы 70 жаш маарекесинде элдин демилгеси менен өзү иштеген, жетектеген «Кашка-Жол» орто мектебине М.Баимбетовдун ысмы ыйгарылган. 1988-жылдын 25-майында он жылдык жолугушуусун өткөргөн бүтүрүүчүлөр (1961-жылы төрөлгөндөр) Мамады Баимбетовдун байгесине футбол, волейбол, баскетбол жана шахмат боюнча айылдагы ар кайсы курактагылардын спорттук мелдешин уюштурушуп, ал ушул күнгө чейин учугу үзүлбөй уланып келүүдө.

http://mugalimjournal.tk

Айтсаң доошуң созулат, Уккулуктуу окулат. Байка, эсте! Унутуп кетпе! «ы», «а» кошулат.

Асылбек Айтманбетов, ОшМУнун медициналык колледжинин директорунун орун басары.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

«Күн алдында мугалимден артык кызмат жок» - деп В.Гете белгилегендей, башка адистиктердин ичинен мугалимдик кесип - татаалдыгы, түйшүктүүлүгү, күнүтүнү көз майын, жөндөм, билимин арнап, келечектин, эл-журттун керегине жарай турган, калктын кадырын кастарлап сактаган, уланткан жаштарды тарбиялаган карапайым журттун катардыгы өкүлү аркалаган ишмердүүлүк катары айырмаланат. Элдин алкоосуна татыган, жүздөгөн темир канат окуучуларды туурунан турмушка даярдап учурган, республикага аты угулган, белгилүү усулчу-мугалим Мамады Баимбетов 1927-жылдын 5-майында Кара-Кулжа районундагы Тоготой айылында жарык дүйнөгө келген. 1950-жылы Ош мугалимдер институтун аяктап, 1964жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1950-53-жылдарда «III Интернационал», «Шаркыратма», 1954-56-жылдарда «Кызыл-Байрак» жети жылдык мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1956-57-жылдарда Мырза-Аке райондук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, 1957-59-жылдарда «Жаңы-Талап», Киров атындагы орто мектептерде директор, 1960-63-жылдарда Совет райондук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, 1963-65-жылдарда Өзгөн шаарындагы Ю.Гагарин атындагы жатак-мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, 1965-69-жылдарда С.Киров атындагы орто мектепте директор, 1969-70-жылдарда райондук элге билим берүү бөлүмүндө кабинет башчысы, 1970-78-жылдарда «Кара-Кулжа», Луначарский атындагы орто мектептерде директор, 1978-82-жылдарда эл агартуу кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы, 1982-жылдан 2006-жылга чейин «Кашка-Жол» (азыркы М.Баимбетов атындагы) орто мектепте мугалим болуп иштеген. Көп жылдык педагогикалык ишмердүүлүгүндө маңдай терин төгүп, жасаган мээнети кайтып, М.Крупская атындагы алтын медаль менен сыйланган. 1987-жылы Москва шаарында өткөн бүткүл союздук мугалимдердин III съездине, Кыргызстандын мугалимдеринин III-V съездерине делегат болуп катышкан. Республикалык телевидениеден окутуунун олуттуу маселелери боюнча жети жолу чыгып сүйлөгөн. Педагогикалык окууларга, илимий-практикалык конференцияларга катышып, өзүнүн иш тажрыйбасы, усулдары боюнча баяндамаларды жасаган. Учурунда новатор-эксперименталисттер Амонашвили, Волков, Ильин, Никитиндерди туу тутуп, иштеген жерине чейин издеп барышкандар болушкан. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, өзүбүздөгү жаңычыл мугалимдин чеберчилиги көз жаздымда кала берген. Бул да болсо ошол мезгилдеги эл агартуу чөйрөсүндөгү «билерман» жетекчилердин чабалдыгынын кесепети деп белгилөөгө болот. М.Баимбетовдун иш-тажрыйбасын үйрөнүү максатында ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинин студенттери үйрөнчүк жана мамлекеттик практикаларын анын үйүндө жүрүп өтөшүп, беш дипломдук иш жазышкан. Бүтүрүүчү Г.Мансурованын «М.Баимбетовдун ыр сабагы» аттуу дипломдук ишинен үзүндү келтирелик. …Кыргыз тилиндеги эрежелер ыр менен айтылып, обонго салынып, ал гана эмес окуучулар дем алышта сыртка чыгып, эс алып ойной турган жагдайга ылайыкташтырылган: Аягы - кт, аягы - фть жана дагы – нк бүткөн сөздөр жөндөлсө, уңгу мүчө ортосуна «ы», «а» кошулат.

25


Эл мугалимдери:М. Базаркулов, Б. Исаков, А. Сманбаев менен

Белгилүү журналист Адыш Төлөнбаев «Эл сыймыгы» деген китебинде М.Баимбетов жөнүндө мындай деп жазган: «Алыскы Кара-Кулжа районундагы эл жыш жайгашкан айылдын түнкү теребелинде, жалпы эл кызуу, таттуу уйкуда жатканда, бир үйдүн электр жарыгы түнү менен өчпөйт. Ал үйдө эртеңки болчу сабакка тыкан даярданып, бул көрүнүштү адатка айлантып алган агай ак кагаздан көзүн албай, билгендерин мотурайган окуучуларга үйрөтүүгө аракеттенет». Мамады агайдын окуучусу, акын Үрүниса Маматова төмөнкүдөй ыр саптарын арнаган: Көп айтчусуз: «Тарбиясыз кеткениңӨмүрдөгү жол азабын тартасың». Мугалимим - эң бир жакын адамым, Алып калгам сизден турмуш картасын.

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Толкундануум жашыра албай чеги жок, Айткандарым жалгыз мендик сөз эмес. Тыңшаңызчы, так ушинтип айтышат, Сизге карап мага окшогон көп элес. (Маматов /Ак куш, 1982, 17-бет).

26

Чөбөрөсү менен

56 жыл агартуу майданында (анын ичинде 39 жыл жетекчилик кызматта) бор кармап, бармак, сөөмөйүн жоорутуп, көз майын коротуп, эмгектенип, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги, Кыргыз Республикасынын өзгөчө эмгек сиңирген пенсионери, «Ардак белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими (1995-ж.), Кыргыз Эл мугалими наамынын №1 күбөлүгүнүн ээси болгон (2001-ж.) Мамады Баимбетов узакка созулган оорудан кийин 2014-жылдын 8-февралында 87 жаш курагында чындык дүйнөгө сапар алды. Хадистерде: «Кудайдын назары түшкөн адам гана мугалим боло алат» - деп белгиленгендей, Мамады Баимбетов тирүүлөрдүн эсинде өмүргө өбөк, жолго жолдош, үмүткө үлгү кылаар асыл жан катары түбөлүк сакталып кала берет.


« КЫЛЫМ МЕНЕН МЕКТЕП

ТЕҢ ЖАРЫШЫП

ТОГОШКОН, МЕКТЕБИМЕ

85

ЖАШ

ОРОШОН « Мирлан Токтобеков, “Мугалим”.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Иш сапары менен республиканын эң алыскы аймагы катары эсептелген, турмуш шарты катаал Ат-Башы районунун Казыбек айылына жол алдык. Азыркы Казыбек, мурдагы Пограничник айылындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектеби өткөн кылымдын 20-жылдарында чек арачылардын балдары үчүн ачылган. Кылымдык тарыхы бар бул мектептин бүгүнкү күндөгү жетишкендиктери, алгылыктуу иштери жана алдыдагы пландары жөнүндө, мектеп директору Алмамбет Эшмамбетов төмөндөгүлөрдү баяндап берди.

Казыбек айылындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектеп 1930-жылы негизделип, быйыл анын уюшулгандыгына 85 жыл толуп отурат. Мен бул мектепке 2007-жылы директор болуп келип, ошол мезгилден тарта көптөгөн алгылыктуу иштерди аткардык. Негизинен мектептин материалдыктехникалык базасын чыңдоо, оңдоп-түзөө иштерине көңүл бөлүнүп, республикада алгачкылардан болуп, «Байкоочу кеңеш» органын түздүк. Биздин ишибиздин алга жылышына өз айлыбыздан чыккан демөөрчүлөр салымын кошуп, алардын жардамы менен мектептин окуу-техникалык базасын чыңдадык. Мисалы, мектептин бүтүрүүчүсү Болот Кенжебаев 750 миң сомго демөөрчүлүк кылып, ал каражатка мектептин биринчи кабатынын полун толук кафелдеттик. Андан тышкары, мектептин жылытуу тутумун оңдоого да өз салымын кошкон. Биздин мектептин дагы бир өзгөчөлүгү окуу бөлмөлөрүн, Казыбек айылынан чыккан атактуу жана айылга эмгеги сиңген инсандардын аты менен атап, алардын балдары, бир туугандары бөлмөлөрдү толук оңдоодон өткөрүшкөн. №17 кабинетти Такеевдер 42000 сомго, №15 кабинетти Шермамбетовдор 50000 сомго, №10 кабинетти Үсөналиевдер 36000 сомго, №12 кабинетти Мусаевдер 300000 сомго, №5 кабинетти Ж.Сагынова 50000 сомго, №20 кабинетти Т.Оторбаев 20000 сомго, №11 кабинетти Ж.Үсөналиев 120000 сомго, №17 кабинетти Р.Кенжебаева 170000 сомго евроремонттон өткөрүп беришкен. Ата-энелердин демилгеси менен 75000 сомго парталардын үстү жаңыртылып, А.Жусупов тарабынан мугалимдер бөлмөсү 25000 сомго заман талабына ылайык оңдолсо, Ат-Башым фонду 75000 сомго окуу китептерин жана көрсөтмө куралдарды, айыл тургуну Т.Жапаров мектепке 3 компьютер сатып берген. Мындан тышкары, мектеп долбоорлор менен тыгыз байланышта иштеп, 2008-жылы «АРИС» долбоору аркылуу 220 миң сомго мектептин жылытуу тутуму жаңыртылса, 2010-жылы «Стим.грант» долбоорунун алкагында, 1,5 млн. сомго мектептин чатыры толук алмаштырылган. Мектеп облуста өткөрүлгөн «Мега билим» долбооруна да жигердүү катышып, 7 заманбап компьютер жеңип алды. 2014-жылы

27


МЕКТЕП

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Мектеп директору Алмамбет Эшмамбетов кафедра башчылары менен кеңешме учурунда.

28

«АРИС» долбоору менен биргеликте, 1 млн 400 миң сомго мектепке таза суу киргизилип, 75000 сом өздүк салымды «Аюу» фирмасынын башкы директору Т.Исаев көтөрдү. Ушул эле жылы мектептин отканасына баасы 500000 сомдук мешти айыл өкмөтү койдуруп берди. Бүгүнкү күндө мектептин дааратканаларына суу жылытуучу «Аристон» аппараттары коюлуп, шаардагыдай ысык жана муздак суу чыгат. Болот Кенжебаев акчалай жардамдан тышкары, мектептин 30 мугалимине И.Арабаев атындагы КМУнун Билимди жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун психология-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, КР эл агартуусунун отличниги Анара Турусбекованын «Жалпы билим берүүчү мектеп шартында интерактивдүү ыкмаларды окутуу» - деген темадагы семинар-тренингин өткөрүүнү каржылап, бардык мугалимдерге институт тарабынан сертификаттар берилди. 2007-жылдан бери мектепке тартылган инвестициянын көлөмү 10 млн 90 миң сомду түздү. Азыркы учурда мектепте 68 мугалим эмгектенип, 750 окуучуга билим берет. Алардын ичинен 40 мугалим эл агартуунун отличниги. Мектепте 7 кафедра иш алып барат. Алар: кыргыз тил, орус тил, чет тилдер, өнөр, фотон, башталгыч класстар жана табият кафедралары. Ал кафедралардагы насаатчы мугалимдерге токтоло кетсем: И.Иманалиева, М.Ибраимова, С.Жумабаева, М.Мамбеталиев, Т.Айтиева, Ч.Молдошева, К.Курманова, С.Бектурова, З.Томотоева, К.Стамакунова, Т.Курманалиев, О.Базаркулова, Майлыбашева жана башкалар. Мектеп жаш адистерди ишке жайгаштырууда, облус боюнча биринчи орунда турат. Пенсияга чыккан мугалимдерге 9 саат эмгек жүктөмү берилип, калган сааттар жаш адистерге бөлүштүрүлөт. 2012-жылы «Алдыңкы мектеп» кароо-сынагына катышып, облустагы 144 мектептин ичинен 1-орунду ээлеп, директорго Дубайга жолдомо берилген. Бирок ал жолдомодон баш тартып, акчасына мектепке музыкалык аппарат сатылып алынган. 2013-2014-окуу жылында предметтик олимпиадаларга 8 окуучу катышып, район боюнча 2-орунга ээ болгон. 2 окуучу облустук олимпиадага катышкан. Ал эми 2014-2015окуу жылында райондук жана облустук олимпиадаларга 12 окуучу катышып, бешөө 3-орунду, үчөө 2-орунду, экөө 1-орун-

Ачык сабак учурунда.

ду камсыз кылган. Жалпы республикалык тестирлөөгө 40 окуучу катышып, райондо 5 орунга ээ болдук. Окуучуларыбыздын 70% жогорку окуу жайларынын студенттери болушту. Спорт жаатында мектептин жараткан ийгиликтери өзгөчө сөз кылууга арзыйт. 2013-жылы өткөрүлгөн «Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө» мелдешинде, мектептин командасы 1-орунду жеңип алган. Облуста өткөрүлгөн волейбол боюнча мелдеште мектеп 4 жолу чемпиондукту ээлеген. Быйыл мектептин спортсмендери райондук окуучулар арасындагы спартакиадада 1 орунду камсыз кылышты. Баскетбол боюнча кыздар командасы 4 жыл катары менен чемпиондук наамды бербей келет. 11-класстын окуучусу Б.Өмүрбекова облустук курама команда менен Бишкек шаарында волейбол боюнча өткөрүлгөн республикалык спартакиадага катышып, алтын медал тагынса, 9-класстын окуучусу А.Айбек уулу жана А.Турдаалы кызы тогуз коргоол боюнча республикада 1-орунду жеңип келишти. 11класстын окуучусу А.Абдыразакова шахмат боюнча облустук мелдеште 3-орунду ээледи. Мектептин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайлардагы курама командалардын курамында ойноп, ийгиликтерди багынтып келишет. Мектептин тогуз коргоол командасы Азия өлкөлөрүндө да ойноп келишкен. Мындан сырткары, эркин күрөш боюнча уюштурулган мел-


МЕКТЕП

Мектеп парламенти директордун тарбия иштери боюнча орун басары Көчөрбай уулу Жолдош менен.

Мектеп директору райондук билим берүү башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов менен.

Мектептеги бий топ.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

29


mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

МЕКТЕП

30

дештерде, биздин балбандар байгелүү орундарды камсыз кылып, айылдын, мектептин атак-даңкын чыгарууга өз салымдарын кошушууда. Келерки жылы «АРИС» долбоору менен биргеликте, эски мектептин ордуна муз аянтчасын, ошондой эле «Эмгек» партиясынын жардамы менен 1,5 млн. сомдук кичи футбол аянтчасын курууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, 20 жылдан бери иштебей калган спорт залдын жылытуу тутумун, эшик терезелерди алмаштырууну «Стим. грант» долбоору менен бирге ишке ашырууга 3,5 млн. сом бөлүнүп, 350000 сом өлчөмүндөгү өздүк салымды айыл өкмөт бөлүп берет. Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин талантуу окуучуларынын «Дүбүрт» адабий-драмалык ийрими да иш алып барып, аны М.Мамбеталиев жетектейт. Кайсыл гана айыл же мектеп болбосун өз балдары менен сыймыктанат. Андыктан биздин мектеп дагы өзүнүн белдүү, көпчүлүккө төбөсү көрүнгөн окуучулары менен мактана алат. Алар: манастаануучу Самар Мусаев, Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов, филология илимдеринин доктору, профессор Турдаалы Турсуналиев, педагогика илимдеринин доктору, профессор Венера Мусаева, филология илимдеринин кандидаты Венера Исаева, филология илимдеринин кандидаты Замира Мамбетова, КР эмгек сиңирген дарыгери Усеналиева Дария, филология илимдеринин кандидаты Гүлзат Абдалиева, филология илимдеринин кандидаты Сырга Турдакунова, белгилүү журналист, КТРКнын мурдагы директору Кубат Оторбаев, «Жогорку-Нарын ГЭС» ЖАКтын башкармалыгынын мүчөсү Чоробай Акунов, журналист, коомдук жана саясий ишмер Мелис Эшимканов, техника илимдеринин кандидаты Жалил Рахманов, химия илимдеринин кандидаты Иманжапар Турдалиев, медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Мусаев, КР эмгек сиңирген артисти, дирижер Төлөгөн Томотоев, КР эмгек сиңирген дарыгери Каныш Исмаилова, педагогика илимдеринин кандидаты Жыргалбек Асаналиев, ветеринария илимдеринин кандидаты Алтынбек Карыбеков, тележурналист Макен Чекиров, Нарын МТРКнын директору Бейшенбек Калыков. Белгилеп кетчү жагдай, бардык ийгиликтердин башында эмгек жамаат жана айылдын эли туруп, биздин мектептин өнүгүшүнө жана өрчүшүнө өз салымдарын кошуп келишет. Андыктан, айттарым ынтымак-ырашкерлик, колдоо болгон жерде, алдыга жылуу, жетишкендиктер болоору шексиз.


МЕКТЕП

«Дүбүрт» адабий-драмалык ийриминин мүчөлөрү.

Айыл өкмөт жана айылдык кеңештин депутаттары мектепте.

Облустук жана райондук олимпиадалардын жеңүүчүлөрү.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

8-класстын окуучусу Бейшебай Талантбек уулу.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Н. Үсөналиев атындагы орто мектептин мугалимдер жамааты.

31


МЕКТЕП

“Узак тарыхы бар биздин мектеп”

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Мурзабек Солтонкулов, КРнын эмгек сиңирген мугалими.

32

Аскасы асман тиреген, эки айылды билим менен сугарган, Түгөл уулу Усупбек атындагы Оттук орто мектеби кыйла жолду баскан, улуу тарыхы бар - ыйык мектеп. 1924-жылы Эшенаалы Арабаевден билим алган молдо Түгөл уулу Усупбек Тянь-Шань районундагы Оттук айылы Тоң районунун Төрт-Күл айылынан келип, өзү жашаган үйүндө элдин сабатсыздыгын жоюу максатында мектеп ачып, билим бере баштаган. 1939-жылы Оттук башталгыч класстардын мектеби болуп келсе, 1940-жылдары Казан-Куйган айылына атайын мамлекет тарабынан орто мектеп салынып, 1941-жылы Тянь-Шань районундагы Оттук орто мектеби болуп райондогу алгачкы орто мектептердин бири болгон. Айылдан алыс эмес жайгашкан Коммунизм, ЖаңыТалап, Эмгекчил, Куйбышев колхоздорундагы айылдардан толук эмес орто билим алган улан-кыздар келип өз билимдерин улантышкан жана алар үчүн мектептин алдында 80 орундуу балдар жатак үйү ачылган. Мектеп 12 класстык бөлмөдөн жана кол өнөрчүлүк кабинеттен турган. “Ааламга жол айылдан башталат” – дегендей жогоруда аты аталган айылдардан келип ушул мектептен билим алган окуучулардан белгилүү инсандар чыккан. Алар: Эчки-Башы айылынан Бейше Молдагазиев катардагы жоокерден генерал майорлукка жетип, партиялык кызматкерликтен ички иштер министринин орун басары болгон. Жазуучу Кеңеш Жусупов, композитор Сайыргазы Түркмөнов ж.б. Куйбышев колхозунан Кемел Ашыралиев комсомол, партиялык кызамттарда иштеп, Ак-Талаа, Тянь-Шань районунда партиялык комитетинин 1-секретары, Нарын облустук партиялык комитетинин 1-секретары болуп иштеген.

Базарбаев Кадыракун Кочкор, Совет райондорунда партиялык комитетинин 1-секретары, айыл чарба министринин орун басары болгон. Жаңы-Талап колхозунан Турсуналы Мамбетаитов дагы көп кызматтарды аркалап, Тянь-Шань районунда партиялык комитетинин 2- жана 1-секретары болгон. Оттук айылынан Эсенгелди Абдыкадыров ТяньШань райондук партиялык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, “Жеңиш” газетасынын редактору. Алсеитов Чоной жана Ильяз райондук ички иштер бөлүмүндө начальниктик кызматтарды аркалаган. Алымкулов Абдрайым катардагы бригадирден Куйбышев, Жданов атындагы колхоздордо колхоздун башкармасы. 1960-жылдардан кийинки жылдарда Оттук, КазанКуйган айылында жашап окуган окуучулардан илимдин кандидаттары болгондор: Усубалиев Бейшенбай – филология илимдеринин кандидаты, Бектенов Жапар – айыл чарба илимдеринин кандидаты, Токтакунов Токтобек жана Солтонкулова Жамила физика-математика илимдеринин кандидаты, Абылгазиев Иличбек жана Талипов Нарынбек медицина илимдеринин кандидаты, Эсенгулова Миргүл педагогика илимдеринин кандидаты. Мектепти бүтүрүп жогорку кызматтарда иштегендер Алымкулов Эмилбек – Нарын облусунун губернаторунун 1-орун басары, Сапарбаева Чолпон-финансы министрлигинде бөлүм башчы, Мамбеталиева Жылдыз – адилет министринин орун басары, Кемелбеков ЗамирбекКазан-Куйган айылында айыл өкмөтүнүн башчысы, Узакбаев Марат – Он-Арча айылында айыл өкмөтүнүн башчысы, Эсенгулова Бермет - Улуттук банкта иштейт. Рысалиев Асан-эсептөө палатасында иштейт. Жогорку Кеңештин депутаты Тиленчиева Майрамкүл


МЕКТЕП

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” – дегендей, 1996-жылдан бери мектептин эмгек жамаатынын көрсөтүүсү менен директорлукка дайындалган Солтонкулов Мурзабек Дюшеевич ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келет. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, мугалимдер менен эриш–аркак көптөгөн проектилер жана айыл тургундарына өз демилгесин көтөрүп алардын жардамы менен көптөгөн ийгиликтерди жаратууда. Сөзүбүз кур болбосун үчүн төмөндөгү мисалдарды келтирели: 1. 2002-2003-окуу жылында 2002-жылы 15-ноябрда ЮНИСЕФ аркылуу мектептин 2000м2 жери чатырланган 1,5 млн. сомго жакын каражат жумшалган. Мугалимдер жана техникалык кызматкерлердин күчү менен жабдыл-

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Бекчороевна мектепти 1975-жылы бүткөрүп мектепте пионер вожатый болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган жана кыргыз тили, адабияты мугалими Тянь-Шань райондук комсомол комитетинин 1-секретары, Нарын райондук салык инспекциясында башкы адис ж.б. кызматтарда иштеген. Ошондой эле 1980-жылдын 2014-жылга чейин мектеп өз жемишин берип, кыйла ийгиликтерге жетише алды. Атап айтсак 11 алтын, 10 күмүш медаль жана 30 артыкчылык аттестат менен окуучулар мектепти ийгиликтүү аякташкан. Ушул ийгиликтерге жетишүүгө өз салымын кошкон мугалимдерди атап кетсек көптүк болбойт. 1980-жылдардан кийин мектепте үзүрлүү иштеп, окуучуларга терең билим, татыктуу тарбия берген алдыңкы мугалимдерден 42 мугалим “Билим берүүнүн мыктысы” (Эл агартуунун отличниги), 5 мугалим КРнын билим берүү жана илим Министрлигинин “Ардак грамотасы”, 7 мугалим Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, 5 мугалим Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” менен сыйланышкан. 2 мугалим КРнын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин отличниги. Мектептин директору Солтонкулов Мурзабек 2011-жылы “КРнын эмгек синирген мугалими”. Албетте, мектеп билим сапаты боюнча да өз деңгээлин төмөн түшүрүп салбастан, республикалык, областтык, райондук предметтик олимпиадаларга катышуу менен алдыңкы орундарды камсыз кылып келе жатат. Алсак, 2014-2015-окуу жылында райондук предметтик олимпиададан облустук предметтик олимпиадага 4 окуучу катышып,математикадан 11-класстын окуучусу Бактыбекова Мырзайым 2-орунду (мугалими Абылов Мирбек), химиядан 10-класстын окуучусу Темирбекова Айдана 3-орунду, 11-класстын окуучусу Ырысбекова Айбийке 2-орунду (мугалими Малабаева Айнура), чет тилден 11-класстын окуучусу Тиленбаева Нагима

1-орунду, ал эми республикада 6-орунду (мугалими Жуматаева Канымжамал),Эл аралык “Себат” билим берүү мекемеси уюштурган 6-класстардын окуучуларынын математика сабагы боюнча олимпиадасында Бекчороева Ажара облуста 1-орунду ал эми республикада 8-орунду (мугалими Исаева Наргиза) камсыз кыла алышты. “Мектеп таланты – 2015” кароо-сынагын мектепти бүткөнүнө 10 жыл болгон бүтүрүүчүлөр тарабынан уюштурулуп, жеңүүчү болгон 8 окуучу жана республикалык предметтик олимпиаданын катышуучулары болгон 2 окуучу кошкондо 10 окуучуну мугалим Эгембердиева Аида жетектеп барып, 3 күндүк сапар менен Бишкек шаарында болушту жана 3 күндүк сапарда 10 жылдыктар окуучуларды КТР, Жогорку Кеңеш, Жогорку окуу жайларга, драм жана кино театрларга жана парктарга алып барып эс алдырышты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнөн “Артыкчылык аттестатка” көрсөтүлгөн бүтүрүүчүлөрдөн тест сынагы алынат. Тест сынагына 4 окуучу жиберилип, 2 окуучу Тиленбаева Нагима, Ырысбекова Айбийке тест сынагынан ийгиликтүү өтүп артыкчылык аттестат алууну тастыктады жана “Жалпы Республикалык тестирлөөдө” 183 жана 188 балл алышты. Республикалык “Манас таануу” сынагынын интеллектуалдык таймашына мектептин Алтай” командасы облуста 1-орунду алып, Республикада баш байгени багындырып даярдаган мугалими Мусабекова Гүлжан жана 6 окуучу “Ноутбук” менен сыйланышты.

33


МЕКТЕП ган.

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

2. 2004-2006-жалдары МЕРСИКОго жазылган проектинин негизинде үч класска 6 китеп шкафы, 46 стол, 92 стул 165456 сомго алынып келинген. 3. 2005-жылы айыл жеринде санитардык-гигиеналык иштерди жакшыртуу боюнча мектептин ичине 4 жуунчу, сыртына эркектер үчүн жана кыздар үчүн өзүнчө туалет салынган. (Улуу Британия ГМСБЕ) 310 000 сом. 4. 2007- жылы АРИС боюнча 201000 сомго жылуулук системасына керектүү инвентарлар алынган. 5. 2008-жылы каталитикалык фонд тарабынан 3 класска стул, стол, китеп шкафы, компьютер мебелдер алынып келинген 348329 сом. 2012-жылы 2-октябрь күнү өтүлгөн облустук “Мыкты мектеп-2012” кароо-сынагына катышуу үчүн көрүлгөн даярдыкка карата 2012-2013-окуу жылынын сентябрь айында айрым кабинеттердин, залдардын жана ашкананын жасалгасы толук жабдылып бүткөрүлдү, жетишинче мектептин айланасы тосулуп, географиялык аянтча бүткөрүлдү. Семинарга даярданууда райондук мамлекеттик администрациядан 5 000 сом, мектепти бүтүп кеткен Бишкек шаарында иштегендерден 21 000 сом, мугалимдер жамааты 40 000 сом ата- энелерден 3 800 сом, райондун мектептеринен 4 000 сом, Казан-Куйган айыл округунда иштегендер 1 300 сом жардам берилди. Мектеп директорунун демилгесин колдогон атуулдар төмөндөгү иштерди бүткөрүштү: 1. Алымкулов Абдырайым атанын ысымындагы конференция залы бүткөрүлүп, ичине мебелдери жана компьютер, принтер, килемин алып келип бала бакырасы 240 000 сомдук жардам беришти. 2. Узакбаев Болот байкенин Марат, Дуулат балдары 230 000 сомго залдын бир башынан 2 класстык бөлмөнү бүткөрүштү. 3. Кемелбеков Замир 15 000 сомго актовый залдын ички материалдарын сатып берди. 4. Куталиев Жумабек 7 000 сомго мектептин алдына жарык чырактарын бүткөрдү. 5. Байзаков Нарынбай 10 000 сомго жылыткыч сатып берди. Узак тарыхты басып өткөн жолунда мектептин ий-

34

гиликтеринин катарын толуктаган бирден бир мактанаарлык ишибиз деп Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларына тамак берүүнү оптималдаштыруу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун ( БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча 2013- жылдын 19-апрелинде жарыяланган сынакка катышып, жеңүүчү болуп, 2013– жылдын сентябрь айынан бери окуучуларга “Ысык тамактын” берилиши. Жыйынтыктап айтканда, узак убакыттар бою көп ийгиликтерди багындырган мектебибиз өзүнүн иштерин төмөн түшүрбөй, алдыга дагы-дагы байсалдуу кадамдарын шилтей берет деп ишенебиз.


МЕКТЕП

http://mugalimjournal.tk

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

35


МУГАЛИМДИ

СЫЙГА

БӨЛӨГӨН

Сынактын демилгечиси жана уюштуруучусу, п.и.д., профессор, көрүнүктүү окумуштуу

Таштанбек Сияев

Сүрөттү тарткан Арсен Абдыкадыров

СЫНАК

Редакциядан

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Социалисттик Эмгектин Баатырлары, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери Апыш Койчуманов жана Көкөбай Мамбеталиев атындагы сыйлыкка арналган облустук мугалимдер арасындагы кароо-сынак Нарын шаарында 2015-жылдын 23-26-майында биринчи жолу өттү. Нарын мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор, көрүнүктүү окумуштуу Таштанбек Сияевдин демилгеси жана уюштуруусу менен мугалимдердин аброюн, иш сапатын көтөрүүгө багытталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана Нарын университетинин ректору профессор Дамира Өмүралиева колдоого алышты. А.Койчуманов атындагы төш белги гуманитардык багытта иштеген мугалимдерге, ал эми К.Мамбеталиев атындагы төш белги табигый-математикалык багытта иштеген мугалимдерге ыйгарылды. Атайын Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан чакырылган калыстар тобунун мүчөлөрү баллдык система менен баалоону жүргүзгөн. Калыстар тобунун тең төрагалары педагогика илимдеринин докторлору, профессорлор Таштанбек Сияев жана Улан Мамбетакуновдор болушту. Ошондой эле «Мугалим» журналынын башкы редактору жана анын жалпы жамааты калыстар тобунда болуу менен кароо-сынактын финалдык турун баштан аяк өткөрүүгө катышышты. Ошентип, кароо-сынактын жыйынтыгында баш байгелерге – Көкөбай Мамбеталиев атындагы сыйлыкка Кочкор районунун Н.Жүндүбаева атындагы орто мектептин информатика мугалими Тынчтыкбек Турсуналиев, ал эми Апыш Койчуманов атындагы сыйлыкка ушул эле мектептин англис тили мугалими Айнура Мөндүрбаева татыктуу деп табылды. Эки жеңүүчүгө акчалай 12 миң сомдон сыйлык берилди. Ошондой эле финалга чыккан 12 мугалим “Мугалим” журналы жылда уюштурган “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагына жолдомо алышты. Белгилей кете турган нерсе, жалпы байге фонду 150000 сомду түздү. “Мугалим” журналынын бул жолку санында кароо-сынактын баш байгелеринин ээлери тууралуу материалды, иш-чарадан тартылган фоторепортажды берүүнү туура көрдүк.

36


СЫНАК

ЭМГЕКТИ ЖАНА

ОКУУЧУЛАРДЫ

Сүрөттү тарткан Арсен Абдыкадыров

СҮЙГӨН

ПЕДАГОГ Дайырбек Айдарбеков, А.Абдыкеримов атындагы орто мектептин директору, Ак-Талаа айылы.

Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын информатика сабагынын мугалими Тынчтыкбек Турсуналиев Кыргыз Республикасынын Социалисттик Эмгектин баатыр мугалимдери Көкөбай Мамбеталиев (биология мугалими) жана Апыш Койчуманов (башталгыч класстын мугалими) атындагы Нарын областтык мугалимдер арасында табигый математикалык жана гуманитардык багытта өткөрүлгөн конкурска катышып, табигый математикалык багыт боюнча баш байгени жеңип алып, төш белги жана 12000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

37


СЫНАК

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш атындагы орто мектебинин окуучулары

38

Тынчтыкбек Турсуналиев Кочкор районунун Шамшы айылындагы Осмон Айбашов атындагы орто мектебин 2002–жылы бүтүрүп, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы информациялык технология институтун 2007–жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Т.Турсуналиев Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясына 2007–жылы информатика сабагы боюнча мугалим болуп кирип эмгек жолун баштаган. Жаш мугалимдин кызматка болгон жоопкерчилиги, окуучуларга билим берүүдөгү өзгөчөлүгү, информатика боюнча билиминин күчтүүлүгү келген күндөн баштап эле байкалды. Сабак өтүүдө окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонуп окуучуларга терең билим берип келүүдө. Ар бир сабагын компьютердик класста практика жүзүндө жаңы технологияларды (интерактивдик доска, проектор, интернет, компьютерлерди) пайдаланып, окуучуларды кызыктыруу үчүн слайддарды, видеосабактарды, ар кандай электрондук китепчелерди, тармак аркылуу иштөөчү программаларды колдонуп окуучуларга билим берип, тарбиялап келүүдө. Нарын шаарындагы Ага Хан фондусу каржылаган Профессионалдык үзгүлтүксүз билим берүү мектеби менен тыгыз байланышта иштеп, “Информациялык технология” айыл жергесинде аттуу программа менен 2010–окуу жылынан тартып “Компьютерди колдонуу ыкмалары”, “ECDL Microsoft Word”, “ECDL Exel”, “ECDL Power Point” программаларын тереңдетип окуучуларга билим берүүдө. Жаш адис жыл сайын өз предмети боюнча окуучуларды райондук, облустук, республикалык баскычтагы олимпиадаларга даярдап алып чыгат. 2009–2010–окуу жылында даярдаган окуучусу республикалык олимпиададан IV орунду алып, мектепти республиканын алдыңкы он мектебине кошуп, компьютер менен сыйланган. Тынчтыкбектин окуучулар арасында өткөрүлгөн райондук, облустук, республикалык олимпиадаларда жана чемпионаттарда бир топ ийгиликтерге жетишкен. Ошондой эле информатика сабагынан программалоо тили боюнча Республикалык чемпионатта да анын окуучулары жалаң алдыңкы орундарды ээлеп келатышат. Мындан тышкары, окуучуларын интернет аркылуу эл аралык олимпиадаларга катыштырып турат. Тынчтыкбек өзүнүн уюштургучтугу, чыгармачылыгы жагынан өзү теңдүү жаш мугалимдерден айырмаланып турат. Мектептин коомдук иштерине үзгүлтүксүз катышат. Ошондой эле райондук, облустук деңгээлдеги информатика сабагы боюнча өткөрүлгөн семинарларга үзбөй катышат. Ал эми өзү дагы өз билимин райондун башка информатика мугалимдерине жайылтуу максатында семинар сабактарды мезгил мезгили менен өткөрүп келет. Тынчтыкбек райондогу мугалимдер арасында өз предметтик ишмердүүлүгү менен жана окуучулар арасында сый-урматка ээ. Окуучулар, ата–энелер, жамаат менен үзгүлтүксүз байланышкан эң алдыңкы класс жетекчилердин бири. Ошондой эле ал жетектеген класс мектептин коомдук иштерине, класстан тышкаркы иштерге, мектеп ичинде өткөрүлгөн кароо-сынактарга активдүү катышып алдыңкы орундарды камсыздап келет. Турсуналиев Тынчтыкбек мугалимдер арасында райондук, облустук деңгээлде өткөрүлгөн конкурс кароо-сынактарга катышып көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Мисалы: 2012–окуу жылында мектеп ичиндеги өткөрүлгөн «Жаш мугалим» кароо-сына-

гына катышып III орунду камсыз кылса, 2014–жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жылдын мыктысы аттуу кароо-сынагында “Жылдын мыкты жаш мугалими” номинациясын жеңип алган. Турсуналиев Тынчтыкбек келечек жаш муундарды адептүүлүккө тарбиялоо менен билимин сапатын жогорулатып өлкөнүн өнүгүшүнө өз деңгээлинде тынымсыз салым кошуп келет. Турсуналиев Тынчтыкбек эмгекти жана окуучуларды сүйгөн мугалим, ал өзүнүн эмгеги менен кийинки жаш муундарга жана мугалимдерге үлгү болот. Тынчтыкбектин мындай эмгеги менен көптөгөн окуучулар жана атуулдар сыймыктанып, эмгектенип келет.

Турсуналиев Тынчтыкбек өзү жаш болсо дагы чыгармачылык менен иштеп бир топ сыйлыктар менен сыйланган: 1. Нарын облустук билим берүү округунун «Ардак грамотасы», 26.02.2010-ж. 2. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы», 27.08.2010-ж. 3. Эл үчүн саясий партиясынын “Алкыш” барагы, 09.04. 2011-ж. 4. Борбордук Азия Университетинин алдындагы Профессионалдык үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин Наградной лист Лучшим преподователям программы «Информационные технологии в селах», 19.05.2011 г. 5. Нарын облустук билим берүү округунун «Ардак грамотасы», 29.02.2012-ж. 6. Н.Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясынын «Ардак грамотасы», 30.04.2012-ж. 7. Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ыраазычылык каты», 25.05.2012-ж 8. Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы» 25.05.2012-ж. 9. Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ыраазычылык каты», 25.05.2013-ж. 10. Н.И.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Жаңы информациялык технология институнун Ардак грамотасы, 8.02.2014-ж. 11. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын «Ыраазычылык каты», 24.05.2014-ж. 12. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жылдын мыктысы номинациясында “Жылдын мыкты жаш мугалими” диплому, 25.12.2014-ж. 13. К. Мамбеталиев атындагы кароо-сынактын “Гранприсинин” жеңүүчүсү, 26.05.2015-ж. 14. Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы, 29.05.2015-ж.


Сүрөттү тарткан Арсен Абдыкадыров

СЫНАК

ИЗДЕНГЕН

МУГАЛИМДИН

ИЙГИЛИГИ

Дайырбек Айдарбеков, А.Абдыкеримов атындагы орто мектептин директору, Ак-Талаа айылы.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими Айнура Мөндүрбаеванын тынымсыз эмгегинин натыйжасында райондук деңгээлдеги конкурстан жеңүүчүсү катары Кыргыз Республикасынын Социалисттик Эмгектин баатыр мугалимдери Көкөбай Мамбеталиев (биология мугалими) жана Апыш Койчуманов (башталгыч класстын мугалими) атындагы Нарын областтык мугалимдер арасында өткөрүлгөн конкурста гуманитардык багытта баш байгени жеңип алып, төш белги жана 12000 сом акчалай утушка ээ болду.

39


СЫНАК

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Айнура Мөндүрбаева Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында 2008–жылдан бери эмгектенип келе жатат. Айнура мектепке тажрыйбасы бай мугалим катары келген. Анын эмгек жолу Бишкек гуманитардык университетинде башталып, Кыргыз-түрк «Манас» университетинде жана «Лингва» англис тили мектебинде уланган. Ал жакта Румынияда өткөн «Эл аралык тренингдер мектебинде» инновациялык методдор боюнча билим алып, англис тили мугалими катары гана иштебестен, машыктыруучу катары да эмгектенген. Айнура чыгармачыл, активдүү, ишин эң жогору деңгээлде билген мугалим. Алгач күндөн тартып окуучулар сабактын жаңы багытта өтүлүшүнө кызыгуу менен, ар кандай ролдук оюндарда, дискуссияларга катышып, партада гана отура бербестен, азыркы талапка ылайык берилген ыкмалар менен билим-тарбия алып келатышат. Түрдүү проблемалык кырдаалдарды чечип, коммуникациянын эффективдүү ыкмаларын өздөштүрүшүүдө. Айнура инновациялык методдор менен өтүлгөн сабактары жана ийримдери менен окуучуларды тартып, алардын тилге болгон кызыкчылыгын арттырып, билимин жогорулатууга бардык шарттарды түзүүсү менен айырмаланат. Тынымсыз эмгегинин натыйжасында өзү окуткан окуучулар көптөгөн

40

конкурстардын, программалардын жеңүүчүлөрү. Мисалы, Айнура иштеген Аксесс программасы боюнча, райондун алты окуучусу FLEX программасынын жарым финалисттери болушкан. Анын ичинен экөөсү Түркиядагы жайкы «Келечек жылдыздары» лагерине конкурс менен өтүп, окууга жолдомо алышкан. Айнуранын башка мугалимдерден дагы айырмачылыгы - бул өз билимин жогорулатууга өзгөчө көңүл бөлүп, көптөгөн улуттук жана эл аралык конференциялардын, семинар, тренингдердин катышуучусу. Мисалга, жыл сайын өтүлүүчү «Улуттук англис тили мугалимдеринин конференциясы» - 2012, 2013, «Орто Азия англис тил мугалимдеринин конференциясы» - 2013, «Билим тармагында мыкты жетишкендик жана жогорку сапаттагы окутуу - 2012» (ТЕА) программасынын жеңүүчүсү катары Америка Кошмо Штатында окуунун, «Орто азиялык лидерлер - 2013» Институтунун, Казакстанда өтүлгөн «Орто Азия Аксесс мугалимдеринин конференциясынын», «ТЕА программасынын катышуучуларынын конференциясынын» жана да көптөгөн башка семинарлардын катышуучусу. Айнура бул алган билимин жөн калтырбай жайылтууга аракет кылып, өз коллегалары менен бөлүшүп, өзү да көптөгөн тренинг-семинарларды өз мектеп ичинде гана эмес, райондук денгээлде да дайыма өткөрүп турат. Машыктыруучу катары да Айнуранын тажрыйбасы чоң. Бул тармакта Айнура Кочкор районунун англис тили мугалимдеринин ФОРУМ ассоциациясынын координатору болуп эки жылдан ашуун эмгектенип келет. Бул убакыттын ичинде райондук мугалимдер өз профессионалдык деңгээлин ай сайын өткөрүлгөн семинар тренингдерге катышуу менен жогорулатып, бир нече мугалим улуттук, эл аралык конференцияларга жана семинарларга жолдомо алышты. Айнура райондук англис тилчи мугалимдердин билимин жогорулатууга ар кыл долбоорлор менен да иштеген. Мисалга, «Англис тили + Методика» проектисинде он беш мугалим окуп, андан ары машыктыруучу катары окуганга да курска барууга мүмкүнчүлүк алышкан. Райондун бардык зоналарында «Коммуникативдик методу» проектиси ушул тренерлер аркылуу жайылтылган. Кийин Айнура бул проектини улантып «Коммуникативдик метод практикада» деп атап, дагы жыйырма мугалимди иш жүзүндө баалап, билимин жогорулаткан. Демек, райондун мугалимдеринин билимин көтөрүү менен ошол мугалимдерде окуган окуучулардын билими өсүүдө да Айнуранын эмгеги зор. Айнура окутуу процессинде гана эмес, мектептин, райондун коомдук иштеринде да активдүү иш алып барат. Бир нече жылдан бери мектептин «Сезим» бий тобун жетектейт. Райондук жана областтык сынакта гана эмес, республикалык «Жаш талантттар» сынагынын да жеңүүчүлөрү болуп, Кыргызстандын атагын чыгарган бул топтун бийчи кыздары быйыл Түркиянын Амасия шаарында өтүлгөн фестивалдын катышуучулары болушту. Айнура келечекте көптөгөн ийгиликтерди жаратып, мындан да мыкты жетишкендиктерге жеткен мугалим болооруна толук ишенебиз.


Сүрөттү тарткан Арсен Абдыкадыров

СЫНАК

http://mugalimjournal.tk

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

41


Л УУЛУ ДА

НЕ МЕКТЕБИНЕН

ТАРБИЯЛАНАТ Рахат Сулайманова, Айзада Салиева,

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

«Мугалим».

42


БЕЙНЕ Эне - адам баласына тиешелүү ыйык ат да, ыйык зат. Ким эненин ак сүтүнөн, мээримдүү, жумшак алдей айткан үнүнөн, түн уйкусун төрт бөлгөн түйшүгүнөн калыптанбаган. Бекеринен “бейиш эненин таман алдында” деп айтылбаса керек. Ар бир төрөлгөн перзент апанын атын чакырып, эненин мектебинен тарбияланып, тазалыкка, аруулукка, келечекте адам болууга умтулуп, калыптанып өсүп-чоңойот. Yйдө балдарды тарбиялоодо негизги ролду эне ойнойт, же үйдөгү тарбиянын күчтүүлүгү энеге көз каранды. Эне-тарбиячы, эне-педагог, эне-дарыгер, эне балдарына үлгү болушу керек. Балдардагы бардык жакшы сапаттар эң алгач аларга ата-энеден өтүп, мектепке, турмушка даярдоодо, үй-бүлөдө ата-эненин акыл-эс, адеп-ахлак тарбиясын алып, эне мектебинен өтөт. Мына ушулардын баарын айтып жатканыбыздын төркүнү, бүгүн биз адамзаттын аздектеп, эң ыйык туткан асыл жаны – ЭНЕ жана ата-эненин, ата-журттун нарктуу тарбиясынан өткөн уул тууралуу сөз кылмакчыбыз.

90 жаштагы улуу педагог эне

Атасы Исамүдүн, апасы Аманат жана карындашы Гүлжамал менен

mugalimjournal@gmail.com

«Аккан арыктан суу агат»,- деп бекеринен айтылбаса керек. Искендер агайдын сөзмөрлүгү, чечендиги, шайырлыгы, эмгекчилдиги, сарамжалдуулугу, кичи пейилдиги, чыдамкайлыгы, көтөрүмдүүлүгү, ыр жандуулугу, чоң адамгерчилиги ата-энесинен алган руханий табериги. Анын атасы Исамүдүн кыргыз тарыхындагы кадимки Атаке баатырдын урпагы. Андыктан бул адамда тектүүлүктүн сапаттары сакталгандыгын айта кетүүбүз

http://mugalimjournal.tk

Аккан арыктан суу агат

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Биз кеп кыла турган эне бүгүнкү күнү 90 жаш кутман куракка келип, балдарынын, небере-чөбөрөлөрүнүн жакшылыгын көрүп, алардын урмат-сыйына татып, бактылуу карылык кечирип жаткан Мусаева Аманат апа. “Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт” демекчи, апаны көргөндө 90 жашка чыккандыгына карабастан, акылы тунук, өзүн алып жүргөнү тың, оозунда насаат кеби бар, гезит, журналдарды күнү бүгүнгө чейин окуп, жамактап ыр айтып, обондуу ырларды да жакшы аткарган баам-парасаттуу, салабаттуу, тубаса таланттуу инсан экендигине күбө болдук. Келген-кеткен адамга ак батасын берип, төрдүн көркү болуп отурган апаны көргөндө ар кимибиз биз да ушундай бактылуу, сөөлөттүү карылыкка жетсек экен деп ниет кылып отурдук... Макаланы жазууга да ушул адам менен болгон бир жолку, бирок дагы ал кишиге далай барып, акыл-насаатын алуу үчүн жолугушууну саматкан көз ирмем түрткү болду. Себеби кандай улуу инсан болбосун анын ошол улуулугуна жеткирген сөзсүз түрдө атаэнеси, анын нарктуу тарбиясы болоруна биз дагы бир ирет ынандык. Ошол жолугушуудагы бул үлгүлүү үй-бүлөнүн бузулбас, бекем ынтымагы, ошол үй-бүлөдөгү бири-бирине болгон өтө терең сыйлашуу сезимдери, андагы улууга болгон урмат, кичүүгө ызат мамиле, конок күтүүдөгү, элге кылган мамиледеги жогорку маданияттуулук, ошол үй-бүлөдөн тарбияланып чыккан балдардын, небере-чөбөрөлөрдүн тартиби, адептик деңгээли, башкаларга кылган сылык-сыпаа, жеткире сый мамилеси бул үй-бүлөдө калыптанган ыймандык нарк-дөөлөттүн тереңдигин далилдеп, нукура элдик салттуу таалим-тарбия менен замандын талабына ылайык калыптануунун ортосунда түзүлгөн гармониянын сакталгандын ачыктап турду. Бир карап, ушул үй-бүлөгө, андагы сакталган адептик мыйзам ченемдүүлүктөргө, адамзаттык мыкты сапаттарга ширелишкен таза, тунук мамилеге ичиң жылып суктанасың, бир карап, ар бир үйдө ушул жылуулук, тазалык, адамдык бийик чен-өлчөмдөр сакталса деп тилек кыласың. Мунун себеби эмнеде болду экен? – деген ойлор сезимди ээлеп, акыр түбү сөзсүз ата-энеден алган татыктуу тарбияга байланыштуу турбайбы деген бүтүмгө алып келди. “Уядан эмнени көрсөн, учканда ошону аласын” демекчи, сөзсүз түрдө үй-бүлөнүн саламаттыгы, баланын адамдык сапаттарынын калыптанышы, инсан катары жетилиши ата-энеге түздөн-түз көз каранды экендигин бекеринен элибиз эзелтеден эле таамай аныктап койбоптур. Андыктан, мына ушул үй-бүлөнүн аскар тоосу болгон Исамүдүн атанын көзү өтүп кеткенден кийинки үй-бүлөлүк нарк-дөөлөттү жоготпостон, “ата аскалуу тоо болсо, эне боорундагы булак” демекчи, улап кеткен үлгүлүү эненин орду толгус эмгеги, энелик мектеби тууралуу жалпыга үлгү катары айта кетүүнүн орду бар деп эсептедик.

керек. Тилекке каршы, а киши Искендер агайыбыздын төрүндө бүгүнкүгө чейин отуруп, карылыктын узак, бактылуу күндөрүн сүрө алган жок. Ал эми апасы Аманат карт тарыхтын өзөгү Кемин өрөөнүнөн чыккан Шабдан баатырдын тилмечи Мамбетаалынын бир тууган иниси Муса болуштун кызы экен. Аманат апабыз да тек жайынан тетик өсүп, төркүн-төсү Чүй өрөөнүндө аттын кашкасындай таанымал үй-бүлөдө чоңойгон. Агайдын бактысына апасы бүгүн да кашында. Тектүү жердин кызы бир гана өзүнүн уул-кызын тарбиялабастан, бүтүндөй айылды өзүнүн жүрүш-турушу, эмгекчилдиги, жакшы кеп-кеңеши менен тарбиялап, көпчүлүк айылдык тургундардын кеңешчиси, сырдашына айланган. Бүтүндөй айылдын бүгүн эл сыйлаган ардактуу, эстүү энеси... Андыктан жалпы айылдын мээримдүү энесине айланган Аманат апанын 90 жаш мартабалуу курагы менен жалпыбыз куттуктап, узак өмүр жана бактылуу карылыкты каалайбыз! Ар бир үйдө, ар айылда мына ушундай наркнасилдүү калдайган караандарыбыз, алдыга ак жол тилеген, басар багытыбызды туура аныктаган, татыктуу турмуш курууга багыт көрсөткөн карыларыбыздын арасы коюу болсо деген тилек! Искендер агай АТАЛЫК МЕКТЕБИНЕН калыстыкты, тууралыкты туу тутуп, сабырдуулуктун аракетчилдиктин, тырышчаактыктын ээси болууга, убакытты бекер өткөрбөөгө, акыйкатчыл болуп, токтоолукту сактаганга, көтөрүмдүүлүккө, ар дайым намыстуу, адептүү, тарбиялуу болууга, аалымдар менен билимдүүлөрдөн өрнөк алууга үйрөнүп, кең пейил болуп, текеберсинип кетпестен, кайраттуулукту курал кылып, жумшактыкты туу туткан, ачууланган чагында өзүн кармай билүүгө калыптанган. Кыраакы, бир сырдуу адам “Бир жылдыгыңды ойлосоң эгин эк, жүз жылдыгыңды ойлосоң бак тик, ал эми түбөлүгүңдү ойлосоң балаңа билим-тарбия бер” деген элдик накыл кепти көкүрөгүнө бек тутуп, келечектеги чыгаан уулуна татыктуу тарбия берген. ЭНЕЛИК МЕКТЕБИНЕН “абийирдүү, кайрымдуу, мээримдүү, боорукер болуп, калайыкка кызмат кылып, жамаатка пайда келтирип, жалпы журттун сүймөнчүлүгүнө айланып, алкышын алууга татыктуу бол” деп тарбия алган. Эне уулуна

43


БЕЙНЕ

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ

44

“өзүңө жана башкаларга пайдасы тийбей турган сөздөрдү сүйлөбөгүн, үнөмдүү болгун, ысырапкерчиликтен сактангын, кичи пейил, элпек болгун” деп дайыма айтып келген. Билимтарбияны көптү көргөн, көптү билген, өмүрү өрнөк адамдардан алууну айтып, адам тааны, инсан тааны, эл тааны, жер тааны, сени да эл таанысын деп кулагына куюп келген. Ата-эненин төгүлгөн мээримин, тарбиянын маани-маңызын эрте түшүнгөн жаш улан окуусун ийгиликтүү аяктап, турмуштун кенен даңгыр жолуна түштү. Айлана чөйрөнү баамдай билди. Керектүүсүн өздөштүрдү, өзүн ар тараптуу сындан өткөрдү. Убакытты текке кетирбей билимдин сересине умтулду. Ар бир көздөгөн максаттарынын натыйжасын күттү, изденди. Өзүнүн алган билимин жалаң окутууга, агартуунун айдыңына арнады. Келечек муундарга таалим-тарбия берүүдө жогорку окуу жайды жетектеп, илимдин доктору, профессор болду. Мындай ийгиликтерге ар бир эле адамга бериле бербеген жөнөкөйлүк сапаты менен айылдан келген карапайым боз улан улам өрдү көздөй, ийгиликтин төрүн көздөй бет алып баратты. Ак ниет, адал эмгеги менен айылына алынды. Жалпы элдин сый-урматына татыды. Өмүрлүк жолдошу, үйдүн куту, агайдын өйдө болсо өбөгү, ылдый болсо жөлөгү, балдардын мээримдүү, камкор энеси, аялзаттын асылы Бактыгүл эже менен үй-бүлөлүү, эки уул, төрт кыздуу болуп, аларды эң мыкты тарбиялап, турмуштан туура орун табууга түрткү болду. Ата салтына ылайык жоро-жолдош, куда-сөөк күтүп, капкалуу шаарга айланып, атпай журтка таанылып, ЭЛ УУЛУ аталды.

Өмүрлүк жолдошу Бактыгүл эже менен


ЖҮРӨГҮН УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТКЕ АРНАГАН ИНСАН «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, Искендер агай бүткүл өмүрүн, эмгек жолун, илимий ишмердүүлүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүп келет. Аталган университетке студент болуп келип, комсомол комитетинин секретарынын орун басары, окутуучу, ага окутуучу, доцент, он эки жыл декандын орун басары, 18 жыл проректор, анын ичинде 8 жылы биринчи проректор, ал эми 2011-2014-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп эмгектенди. И.Ч. Исамидиновдун жогоруда белгиленген административдик- башкаруучулук ишмердүүлүгү аны жогорку билим берүү системасын башкарууда, окуу процессин уюштурууда, илимий-педагогикалык коллективди жетектөөдө зор тажрыйбасы бар азыркы типтеги жетекчи катары калыптандырды.

Кыргыз Эл жазуучусу Аалы Токомбаев, белгилүү окумуштуулар: К.Карасаев, З.Бектенов, К.Сартбаев, К.Иманалиев, Б.Алымов, Н.Шаршеев менен

Тубаса жетекчи

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

алып, Япония, Корея, Турция, Индонезия, Россия, Франция, ошондой эле Европанын башка дагы бир катар окуу жайлары менен мамиле жакшыртылып, кыска убакыт аралыгында, тагыраак айтканда, акыркы 2-3 жылдын ичинде университеттин 700дөн ашык окутуучулары жана студенттери илимий жана билим алуу стажировкаларынан өтүп келишкен. Айрыкча Кытай мамлекети менен тыгыз алака-байланыш түзүлүп, ага терезе ачууда Искендер Исамидиновдун эмгеги зор. Ошону менен катар Болон процессин, жогорку билим берүү системасын эки деңгээлдүү окутууга өткөрүү мезгили да агайдын Улуттук университетке жетекчилик кылган учуруна туш келди. Бул боюнча И.Исамидинов алгач Италиянын Болонья университетине Кыргызстандын 11 университетинин ректорлорунун катарында барып, университеттердин хартиясына кол коюшкан. Анын натыйжасында окуу жайда кредиттик технология менен окутуунун системасы киргизилип, учурда ийгиликтүү иштеп жатат.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Жетекчилик кылууда авторитардык жол менен эмес, кесипкөйлүк менен адамгерчиликти айкалыштыра билип, башкарууда алдыңкы тажрыйбаларды пайдаланып, убакытты, кадрларды, мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдаланып, кемчилик, катачылыктардын себептерин, ийгилик, жетишкендиктердин сырларын эң мыкты өздөштүргөн. Тажрыйбалуу жетекчи утурумдук, күндөлүк иштерди эле ийгиликтүү аткарып калбастан, өлкөнүн билим берүү тармагынын келечектеги өнүгүүсүн камсыз кылуучу улуу максат, пландарды алдыга коюп, чечкиндүүлүк менен ишке ашырып келет. 80 жылдан ашык тарыхы бар Улуттук университетте не деген залкар окумуштуу-педагогдордун, мыкты ректорлорунун арасында жетекчилик милдетти татыктуу аткара алды. Ал жетекчилик кылган жылдар аралыгында университетте бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Алардын айрымдарына гана токтолсок, окуу жайдын эл аралык байланыштары күч

45


БЕЙНЕ

Улуу Манасчы Жусуп Мамай, Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков, Советтер Союзунун баатыры, генерал Дайып Асанов жана кыргыздын залкар педагогдору менен

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Италиянын экс-премьер-минстри Романо Проди менен. Балонья университети. Италия

46

Ректорлук кызматты аркалоодо окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өтө чоң салым кошуп, өз демилгеси менен бир катар маанилүү инвестицияларды алып келген. Далай жылдары оңдоого муктаж болуп келген башкы окуу имараты, лабораториялык жана №5-окуу имараттарын капиталдык ремонттон өткөрүп, жаңы техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жагын ишке ашырган. Эгерде Түркиялыктар менен болгон сүйлөшүүдөн соң, алардын каржылоосу менен башкы окуу имаратынын азем залы (№248) жасатылса, ал эми Иран элчилиги менен жылуу кызматташтык кылуунун натыйжасында, 5000 евро инвестиция тартуу менен №5-окуу имаратындагы 218-конференция залын бүтүндөй ремонттон өткөрүп, эмерек, оргтехника менен камсыз кылып, жасалгалоого жетишкен. Окуу жайды жакшыртууга болгон бул сыяктуу алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүүгө карата Искендер Исамидиновдун жеке салымы өтө чоң жана ага жалпы жамаат күбө. Ал эми Искендер агайдын университеттин алдындагы орнотулган улуу ойчул Жусуп Баласагындын, залкар окумуштуулар Константин Юдахин менен Касым Тыныстановдун эстеликтерин коюуда, окуу жайга көрк берип турган фонтандын

Жапон университетинин ректору менен келишимге кол коюу учурунда

иштөөсүндө бир топ эмгеги бар экендигин ошол кездеги ректор, кыргыз билим берүүсүндөгү, илиминдеги залкар инсан, академик А.Ч.Какеев да көпчүлүк жерде эскерип айтып жүрөт. Агайдын демилгеси менен эки институт түзүлүп, бүгүнкү күндө Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту Кыргызстандагы педагогдорду даярдоочу бирден бир окуу түзүмдөрүнүн бирине айланды. Аталган институтту ачуу аркылуу канчалаган мугалимди жумушчу орун менен камсыз кылып, миңдеген студенттердин билим-тарбия алуусуна шарт түзүп бере алды. Аны менен гана тим болбостон, жалпы Кыргызстандын агартуу журтчулугу тууралуу ойлонуп, 2011-жылы «Мугалим» илимий-педагогикалык журналын негиздеп, ал журнал 2014-жылдын март айынан баштап жарык көрүп келүүдө. Исамидинов улуу инсан Исхак Раззаковдун “Жетекчилик принциптери жана методдору” китебиндеги жетекчинин төрт түрдүү жооперчилигин дайыма сактап келет. 1.Өзү жетектеген тармак үчүн учурдагы жоопкерчилик. 2.Айыл, өлкө, эл алдындагы жоопкерчилик. 3.Келечектеги тарыхый жоопкерчилик. 4.Кудай алдындагы жоопкерчилик.


БЕЙНЕ

Элдин уулу болуш кымбат Атанын, ата-журттун ак батасын алып чоңойгон, эненин ак сүтүн, аруу тилегин актап, ата-эне мектебинен элдик таалим-тарбияга сугарылган уул – Искендер Исамидинов Ата Мекендин да сыймыктуу уулу. Жалпы калайык калың журт да дал ушул ойдо. Анын кылган ар бир ишаракетинен жалпы элге, өлкөгө, билим берүү тармагына, университетке, андагы студенттерге болгон сүйүү сезиминин ашып-ташып тургандыгы баамдалып турат. Ошондуктан анын калк арасында, билим берүү жаатындагы, педагогикалык коомчулуктагы аброю өтө жогору. “Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат”-деген эл макалын Искендер агайыбыздын эмгек жолу менен байланыштырып, кадырлап-сыйлап терең түшүнө билсек, өрнөктүү өмүрүнөн сабак алсак, өлкөбүздүн келечек тагдыры үчүн кайдыгер карабаган адам болуп калыптанар элек. Аталган макалада Искендер агайдын устаттык өнөрү тууралуу айтылган жок. Бул тууралуу сиздер менен кийинки сандарда өзүнчө узун сабак кеп кылуунун орду бар.

Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана академик Аскар Какеев менен

Орусиянын табигый илимдер академиясынын вице-президенти С.П.Капица менен

mugalimjournal@gmail.com

Кыргыз жана Казак Эл акыны Мухтар Шаханов менен

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Кыргыз Эл баатыры Турдакун Усубалиев менен

47


МУКАМ МУЗЫКАСЫ

АРКЫЛУУ

ЖАН

ДҮЙНӨНҮ ТАЗАРТКАН

ЭЛДИК ПЕДАГОГ Рахат Сулайманова, башкы редактор.

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Өмүр баяны

48

Педагогика илиминде “элдик педагог” деген түшүнүк бар. Элдик педагогдор деп адатта ата-эне, улуулар, аксакал карыялар менен катар манасчылар, акындар, санжырачылар, ырчылар, усталар, уздар, саяпкерлер, мүнүшкөрлөр сыяктуу өзүнөн кийинки муунга өз билим тажрыйбасын үйрөтүп, мурас катары өткөрүп кеткен өнөрлүү адамдарды айтып келишкен. Дал мына ушундай элдик педагогдордун катарынан биз улуу таланттын ээси, кыргыздын маэстросу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сардарбек Жумалиевди сыймыктануу менен көрө алабыз. “Адамдын улуулугу - анын жөнөкөйлүгүндө” деген ойго ушул адамды көрүп, аны менен бирге иштешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондон тарта бир эмес, бир нече жолу ынандым. “”Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” демекчи, сахна бетиндеги ушул “сырдуу кийимчен” адам менен баарлашуу анын өтө адамгерчиликтүү, оор басырыктуу, үнүн эзели бийик чыгарып сүйлөбөгөн сылык-сыпаа инсандын гана эмес, кийинки муунга өзүнүн өлбөс-өчпөс, терең философиялуу, тарбиялык мааниси күчтүү чыгармаларын арнаган чыныгы педагогдун образын тартып берет.

Сардарбек Жумалиев 1941-жылы 5-февралда Чүй облусунун Кант районуна караштуу Жарбашы айылында төрөлгөн. Башталгыч мектепти айылдан бүтүрүп, 1958-жылы М.Күренкеев атындагы музыкалык-хореографиялык училищенин алдындагы балдар музыкалык мектебинин комуз классын, 1962-жылы ошол эле окуу жайдын жалпы курсун аяктаган. 1958-жылы Москва шаарындагы өткөн Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана адабиятынын экинчи декадасына эл аспаптар оркестринде артист-музыкант катары катышып, ошол эле жылдан баштап, училищеде окуп жүргөн кезде эле Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп иштеп калган. 1964-1967-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1968-1972-жылдары тунгуч Кыргыз эстрадалык ансамблинде комуз боюнча солист-инструменталист болуп иштеген. 1972-жылдан 1975-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик искусство институнда 2 жылдык даярдоо курсунда теоретикалык-композиторлук факультетинде окуган. Профессор М.Абдыраевден жана профессор К.Молдобасоновдон композиция боюнча, ошону менен катар факультативдик дирижирование боюнча профессор Н.Давлесов сыяктуу улуу устаттардан сабак алган. 1975-1977-жылдары республикалык Эл чыгармачылык үйүндө музыкалык редактор болуп эмгектенген. 1977-жылдан ушул убакка чейин Кыргыз улуттук филармониясында К.Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестинин дирижеру болуп эмгектенип келе жатат. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун сырттан окуп


МЭЭНЕТДӨӨЛӨТ

« Маляр келди бир чоң үйдү майлады, Кабак түйгөн капалыкты айдады. Ушул адам, ушул сырдуу кийимчен, Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы. Алыкул Осмонов

«

бүтүргөн. Сардарбек Жумалиевдин чыгармалары кыргыз искусствосун жана маданиятын дүйнө жүзүнө таанытууда. Алсак, анын музыкасы Япония, Корея, Монголия, Алжир, Сирия, Польша, Лаос, Турция, Индия, Франция ж.б. өлкөлөрдө кыргыз искусствосун даңазалап келет. Маалымат үчүн Чыгармалары: “Таң сыры”, “Дзержинский бульварым”, “Сары-Челек”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Жаңы жылды тосолу”, “Ысык-Ата-Арашан”, “Сары Өзөн”, “Махабат мекени”, “Кетпейм сага жолукмайынча”, “Бишкегим” “Бегимайдын ыры” ж.б. көптөгөн чыгармалары элге кеңири белгилүү. Гимн-ырлар: “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гимни”, “Мамлекеттик токой чарбасынын гимни”, “Манас балдар мектебинин гимни”, “Кыргыз патентинин гимни”, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун гимни. К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине 80ден ашык обончу-композиторлордун чыгармаларын оркестрлештирген.

Ыр дүйнөсү менен тарбиялаган педагог

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

Сыйлыктары: 1987- жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти; 1990-жылы А.Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлык; 1990-жылы “Эмгек ардагери” медалы; 1999-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” 2007-жылы Эл аралык интелектуалдык менчик агенттигинин алтын медалы; 2007-жылы “Руханият” эл аралык ассоциациясынын сыйлыктары ыйгарылган.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Чыгармачыл инсан 2008-жылдан Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун салттуу музыка жана фольклор кафедрасында, 2009-жылдан тарта Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда педагогикалык кызматын өтөп келди. Маданият тармагындагыларга “дирижирлөө” боюнча, ал эми болочок мугалимдерге “Комуз”, “Вокал”, “Музыка сабагын окутуунун методикасы” сабактарын берди. Анын биздин окуу жайда эмгектенип, институт ачылган күндөн тарта болочок мугалимдерди калыптандырууга өзүнүн зор салымын кошуп келгендигин сыймыктануу менен айта алабыз! Эгерде залкар таланттын чыгармачылыгынан жаралган “Бишкегим” ыры борбор калаабыздын гимни сымал ар бир атуулдун көңүлүнөн түнөк тапса, ал эми Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Кыргыз мамлекеттик гимнинин автору Шабданбек Кулуев агайыбыз менен биргеликте Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун гимнин жаратуусу эртеңки педагогдор үчүн баасы жок белек болуп, аларды мугалимдик кесипти сүйүүгө багыттаган Башкы ыр болуп калды. Элибиздин ыр жандуулугун, анын жашоо-турмушунун ар бир кырдаалы ыр менен коштолуп келгендигин уңгулуу тарыхыбыз ырастап тургандай, бала төрөлгөндөгү бешик ырларынан тарта, аны о дүйнөгө узатып жатканга чейин, эмгектенүү, эс алуу сыяктуу жашоо таржымалынын бардык кырлары ыр менен сыпатталып, ыр менен жашоого калыптандыруу тажрыйбасы бул - уникалдуу педагогикалык табылга. Демек, курулай сөз эмес, таланттуу тажрыйба, өлбөс чыгармалар аркылуу тарбиялоо бир канча таасирдүүрөөк экендигин акылман элибиз эзелтен кыраакылык менен аздектеп келгендиги белгилүү. Мына ушуну дагы бир канча ирет ынандыруу менен өзүнүн мукам музыкасы аркылуу жан дүйнөнү тазарткан, далай чыгармачыл инсандарды телчиктирип, устаттык өнөрдү айкалыштыра алган ушул улуу адамдын залкар чыгармалары жана үлгүлүү жашоо тарыхы жаштарга жакшы таасир калтыра аларын бир саамга айткыбыз келет... Анын нукура педагогдук бейнесин ачып, чыгармачыл ин-

49


МЭЭНЕТДӨӨЛӨТ сан, маданияттын, ыр дүйнөсүнүн, музыка жанрынын гана өкүлү эмес, чыныгы адам, таланттардын мектебин түзгөн, алардын чыгармачылык тушоосун кескен, жалпыга эстетикалык ырахат тартуулап, мукам музыкасы аркылуу жан дүйнөнү арууланткан, адамгерчиликтин туу чокусун багындырган улуу инсандын устаттык өнөрү да өзгөчө экендигин белгилеп кетүү керек. “Мен суу ичпейм таңдай катып турганда, Мен нан жебейм алдан тайып курганда. Музыкадай мага таттуу суусун жок, Берчи мага жарым кашык музыка”

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

деп, улуу акын Алыкул айткандай, жашоо турмушубуздун ар бир көз ирмеми уккулуктуу обондорсуз кунарсыз. Эгерде бизге белгилүү болгондой мурунку замандардагы ак сөөктөрдүн балдарын 7 түрлүү өнөргө үйрөтсө, алардын да ичинде негизгилердин бири катары ыр чыгарып, ырдай билүү өнөрү эсептелген. Азыркы күндөлүк жашоодо деле иш маалындабы, кечинде же дем алыш күндөрү болобу, ар кандай расмий иш-чараны, конокту, тойду музыкасыз, жакшы ырларсыз, ырчыларсыз элестетүү кыйын. Ошондуктанбы, кайсы жерде болбосун, массалык маалымат каражаттарында да ырчылар, алардын жашоосу тууралуу кызуу талкуулар жүрүп, көпчүлүктүн кызыкчылыгын жаратып келет. Ал эми аларды чоң сахнага ким даярдаган? Ким алардын ырдап жаткан ырларын, музыкасын, оранжировкасын жазган? Ким аларды талант катары элге таанытып, тушоосун кескендиги тууралуу көп деле айтылбайт. Анткени менен аларды да өнөр адамы катары устат телчиктиргендигин баса белгилегибиз келет. Албетте, дал мына ошол ырчылык өнөрдү туу туткан инсандардын саяпкери болгон Сардарбек Жумалиев кыргыз музыка өнөрүндө өзүнүн жанга жагымдуу, салмактуу обондору менен гана эмес жалпы элдин жарпын жазып, аргендей үнү менен кыргыздын жашоосуна жаркын сүртүмдөрдү тартып келген булбул үндүү ырчылар, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Анарбек Ибраев, Керим Турапов, Эмгек сиңирген артисттер Гүлмайрам Момушева, Майрам Дүйшекеева, Динара Акулова, Чырмаш Төрөбеков, ошондой эле элге кеңири белгилүү ырчылар Анапия Раимбекова, Кутман Жолдошев, Салима Балтаева сыяктуу нечендеген таланттарды таптап, ырчылык өнөргө алып келген устат экендигин өзүнчө өзгөчө белгилеп айтууга арзыйт. Сардарбек агайыбыздын мекенди сүйүүгө, кыйын мезгилдерде ал үчүн кан-жанын аябай, ал эми жай турмушта анын гүлдөп өсүшү үчүн өз салымын кошууга аракет кылган атуулдук сезимдерин калыптандырууга багытталган чыгармаларынын да өз репертуарынан орун алгандыгын айта алабыз. Бул дагы өсүп келаткан жаштар үчүн чоң тарбия. Андыктан үстүбүздөгү жылдын 7-майында институтубуз тарабынан Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, жогорку окуу жайлар аралык өткөрүлгөн “Жаңырсын мекен ырлары” аттуу кароо-сынакка да ушул улуу инсанды калыстар тобунун төрагалына чакырганбыз. (Кийинки маалымат ушул тууралуу) Дегеле “Генийлик бул эмне? Ал - жөнөкөйлүк” демекчи, сыртынан карасаң өтө жөнөкөй, бирок көөдөнүнөн кайталангыс обондорду жараткан залкар адамдын устаттык өнөрүнө учкай гана токтолгон оюбузда чыгармачылыгына өтө олуттуу мамиле кылуу менен аны чоң чебердикте адамзат жашоосунун музасына айландыра алган кыргыз музыка дүйнөсүнүн даанышманы Сардарбек Жумалиев сыяктуу өнөр адамдарынын педагогдук бейнесин ачуу өзүнчө атайылап кайрыла турган кызыктуу ой экендигин айткыбыз келет.

50

Адилет Самсалиев

Б

ыйыл Улуу Жеңишке 70 жыл толду (1945-2015). Элдин эртеңи жана Ата Мекендин бүтүндүгү үчүн, жан аябай күрөшкөн, кашык канын аябаган аталардын эрдигин, тылдагы ата-энелердин, эже-агалардын эмгегин эскербей коюу - бүгүнкү жашап жаткан муунга уят иш болоор эле. Тилекке жараша, Улуу Ата Мекендик согушка, Улуу Жеңишке тиешеси бар мамлекеттерде, жыл сайын 9-майда, аталардын эрдиги даңкталып, ар түрдүү ишчаралар өткөрүлүп келүүдө. Бул жылы өлкөбүздө жеңиш майрамы кеңири, өзгөчө программада белгиленди. Бул жаатта, болочок мугалимдерди даярдаган Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту да четте калган жок. Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын, ардагерлерин жана согушта курман болгон жоокерлердин эрдигин, согуш учурунда тылда эмгектенген адамдардын эмгегин даңктоо менен, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, алардын мекенди сүйүү сезимин жогорулатуу жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын, студенттеринин ынтымагын бекемдөө, талантын коомчулукка таанытуу, тарбиялык мааниси терең улуу нарктарды жаштарга калтыруу максатында. Бишкек шаарындагы жогорку жайлар арасында «Жаңырсын Мекен ырлары» аталышындагы ыр сынагын өткөрдү. Ыр сынак Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 8-май күнү өтүп, борбор шаардагы 10 жогорку окуу жайдан 18 талапкер: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен Кубатбек уулу Азис, Атабеков Улукман, Турдумамбетов Нурмат, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен Мукашев Намыс, Жумалиев Жаныбек, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинен Саид уулу Нурсултан, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен Абдирасыл уулу Бек, Кубанычбек уулу Рысбек, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинен Эсенкожоева Гүлзат жана Ибраимов Дастан, Маралов Улан (дуэт), И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан Эгембердиева Аяна, Султанбеков Исабек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен Гарби Айгүн, Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт, архитектура университенен Бегалиева Гүлзат, Абдрахманов Доорбек, И. Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетинен Бейшенбеков Санжар, Юридикалык академиядан Шаршенбекова Аида, Султакеева Альбина, Акчабекова Айганыш, Жайнакова Айжан (квартет) жана Осмонов Дастандар ат салышты. Аларга Кыргыз Республикасынын эл артисти Сардарбек Жумалиев (калыстар тобунун төрагасы), Эл мугалими Шабданбек Кулуев, кыргыз радиосунун башкы редактору Мирлан Самыйкожо, белгилүү режиссер Рысбек Жабиров жана Ж. Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун окуу иштери боюнча директорунун биринчи орун басары, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Рахат Сулаймановалар кара кылды как жарып, калыстык жүгүн көтөрүштү. Сынак жогорку деңгээлде өттү. Сынактын катышуучуларынын аткаруучулук таланты көрүүчүлөрдүн, калыстар тобу жана анын төргасы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сардарбек Жумалиевдин купулуна толду. Жыйынтыгында, Эсенкожоева Гүлзат, Бегалиева Гүлзат, Жумалиев Жаныбек, Бейшенбеков Санжар жана Юридикалык академиянын атынан катышкан квартет кызыктыруучу сыйлыктарга ( 1000 сомдон) ээ болушту. 3-орунга Эгембердиева Аяна (5000 сом), 2-орунга Кубат уулу Азис (8000 сом), 1-орунга Мукашев Намыс (10000 сом) ээ болсо, бул жолу калыстар тобу баш байгеге 2 катышуучуну ылайык табышты. Алар: Атабеков Улукман, Абдрахманов Доорбек. Экөө 12 000 сомдон акчалай сыйлык алышты. Ошентип, Улуу Жеңиштин урматына арналган ыр сынак республикада биринчи жолу Ж. Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту тарабынан өткөрүлдү жана аз да болсо, жаштардын мекенчилдик сезимин ойготуу аракети жасалды.


http://mugalimjournal.tk

Сүрөттү тарткан Арсен Абдыкадыров

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

51


САБАГЫҢДЫ САГЫНДЫМ,

АГАЙ Бейшенбай Усубалиев, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин студенти.

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Редакциядан: Ж ур н а л ы б ы з д ы н «Сабагыңды сагындым ...» рубрикасынын аталышына өзүнүн мындан 41 жыл мурун студент кезинде Отор агайынын сабагын сагынган Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Бейшенбай Усубалиевдин дал ушул макаласы чоң таасир эткен.

52

Мындан он жыл мурда алиппени колтуктап, мектепке барганым эсимде. Бизге арналып коңгуроо кагылып, чоң салтанат болгон. Ошондо Отор агайга карата айтылган аздектүү сөздөрдү уккам. Жогорку класстан окугандар: «Отор агай кетпептир, быйыл да сабак берет экен, жыргал!» - деп кудуңдашып, сүйүнүшкөн. «Кызык, баары эле Отор агай, Отор агай дешет, ал ким болду экен?» - деп ойлогом. Кийин агайды көрүп, андан билим алдым. Жөнөкөй болгону менен атын ардактап айтып, медер тутууга татыктуу адам экен. Агайым тууралуу мындан мурда да жазууга аракеттенгем. Ишин, элесин так өзүндөй кылып тарта албагандыктан, жазгандарымды тытып салууга туура келген. Азыр да муну ойлоп тынчсызданам. Агайымды жөнү жок мактагым келбейт, анын иши тууралуу болгонун болгондой гана баяндагым бар. Отор агай тарых предметинен сабак берет. Анын сабагы ары кызыктуу, ары таасирдүү өтүүчү. Ошондон уламбы аны чыдамсыздануу менен тосчубуз, көпчүлүк убакта, эс алуу учурунда, беш минут ойноп алабыз. «Келатат!» деген команда болмоюнча отуруу жок. А, Отор агайдын сабагы болордо минтип ойнобой, ар бирибиз китепти барактап, кайталай баштайбыз. Ал журналды колтуктап, класска кубанычтуу кирет. - Агай, мен айтайынбы?!


САБАГЫҢДЫ САГЫНДЫМ

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Окуучулардын көпчүлүгү ал кирери менен кол көтөрүшөт. Агай кубанып башын ийкейт. Анан ар бирибизди дыкаттык менен карайт да, кол көтөрүп жаткан баланы: - Кана сен айтчы, Сыдыкбек? Ал айтып келе жатып, тык токтойт. Агай жардамдашып, сүрөй баштайт, бирок, ал айта албайт. Анткени жакшы даярданып келбеген. Кээ бир окуучулар ушинтип сабакка даярданбай келип эле, кол көтөрсөк сурабай калабы деп амалдана берүүчү. Агай оңой эле байкап коюучу да, анан ошол окучууну сурачу. «Билбесең эмне үчүн кол көтөрөсүң?» - деп аны тилдечү эмес, кайра көңүлүн көтөрүп: - Балдар, Сыдыкбек жакшы айтты ээ? Кана, эми ким толуктайт? - деп көпчүлүк окуучулардан сурап чыгууга үлгүрөт. Акырында өзү кыскача токтолот да, жаңы темага өтөт. Доскага жаңы тема жазылат: 1. Улуу Ата Мекендик согуш. а) Кызыл Армиянын согушта көрсөткөн эрдиктери. б) Согуштун чыгышынын себептери. в) Тыл менен фронттун байланышы. Ар бир суроону кыскача, түшүнүктүү айтып берет. Белгилеп кетүүчү нерсе — агай китеп менен чектелип калбайт. Көбүнчө жергиликтүү адамдарга токтолот. - Биздин айылда да майданга катышып келген атаңар көп. Мисалы, Узакбай, Жумаш, Жумабек... Узакбай аксакалды баарыңар билесиңер. Ал согушта колунан айрылган, көрсөткөн эрдиги үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланган. Ар бирөөнө өзүнчө токтолот, көрсөткөн эрдигинен өйдө айтып берет. «Мунун баарын кантип билип алган?» - деп биз таңданабыз. - Балдар, - деп сөзүн улайт агай, жеңиштин бир булагы тыл менен фронттун байланышы болуп саналат. Биздин айылдан да фронтко көп жардам берилген. Эшмамбет атаңар: « Мекен үчүн эч нерсе аябайбыз!» - деп колунда барын бүт берген. Көрдүңөрбү, биздин өлкөнүн адамдары кичинесинен чоңуна чейин патриот. А, мындай патриот элдерди ким жеңе алат?... Агай түшүндүрө берет. А биз кызыгып угабыз. Өтө жөнөкөй, өтө түшүнүктүү баяндайт, бул эсибизден чыккыс болуп калат. Ар бир өткөн сабагы мыкты жазылган көркөм чыгармадай таасир калтырат. Келерки сабакты сагынып күтө беребиз. Аңгыча коңгуроо кагылат. «Ай, мени сурабай койбодубу?» - деп айрымдарыбыз өкүнүп калабыз. А эс алуу учурунда оюнду унутуп, сабакты талкуулайбыз. «Тим эле мээге куюп салбадыбы, башка сабактар да ушундай өтсө...». Анан сабакка даярданбай келип, кол көтөргөн окуучуну «соттоого» өтөбүз. - Сен эмне үчүн билбей туруп кол көтөрөсүң. Убакытты жеп... мен суралып калат элем. Ал күнөөлүүдөй башын шылкыйтып, унчукпайт. Мындай жорукту экинчи кайталабоого аракеттенет. Агайдын мына бул сапатын мен башкалардан жогору коем. Окуучунун психологиясын өздөштүрүп алууга жетишет. Ар бир окуучу үчүн жан дүйнөсү менен күйүп бышат. Тартипсиз, сабагынан жетишпеген балдардан кутулууга шашпай, аны оңдоого аракеттенчү. «Ден соолугу таза ар бир окуучу сабакты өздөштүрүүгө тийиш. Кээде өзүбүздөн кетип калат. Адамга мамиле жасай билүү, бул эң жооптуу. Муну өздөштүрө албаган адам мыкты педагог боло албайт. Окуучуну: «Сен начарсың, эч нерсе билбейсиң», - дей берсе, анын көңүлү ого бетер чөгүп, сабактан начардайт» - дейт агай. Ушундан улам кайрадан окуучулук кезге кайрылууга туура келип олтурат.

Агайга калп айтууга батынчу эмеспиз. Анткени, ал биздин калп айтканыбызды оңой эле билип койчу. «Айтчы, айланайын, эмне сабакка даярданбай келдиң?» Окуучу кандай шылтоо айтсам деп бир аз ойлонот да: - Агай, кечээ зарыл жумуш чыгып калды эле, анын үстүнө башым да ооруп... - Жок балам, калп айтпа. Ойноп жүрүп окубай келиптирсиң, көзүң айтып турбайбы! Анан калчы... Агай ал окуучу менен өзүнчө сүйлөшөт. «Кап, чынымды эле айтпай...» деген сөздү окуучулардын көпчүлүгүнөн угуп калчубуз. Чындыкты айтууга аракеттенчүбүз. Көпчүлүк мугалимдер: «Мен өз классым үчүн гана жооп берүүгө тийишмин. Эгер тентек, же сабакты өздөштүрө албай калган окуучу менин классымда болбосо, аны менен ишим эмне? Өз класс жетекчиси жооп берсин!» Мына буга агай бүткүл дити менен каршы. Ал мындайча жооп берет: «Ар бир жеткинчек үчүн жеке гана педагог эмес, ар бир адам тынчсызданууга тийиш. Анткени, жеткинчектин мыкты тарбияланышы — келечектеги бакыт. Муну жакшы түшүнсөк да, айрымдарыбыз...» Пионер бөлмөсүндө пионер уюмунун органы болгон «Кызыл жагоо» дубал газетасын чыгаруу үчүн олтурабыз. Биринчи номери болгондуктанбы, абдан кыйналдык. Эмнени жарыяларды билбей керели-кечке алектендик. Акырында көпчүлүк орунду газетадан көчүрүп алган материалдарга берип, эптеп кутулууну ойлодук. Биздин оюбузду пионер вожатый да эп көрдү. Бүтүп коюп, эс алып олтурганбыз. Ошол маалда Отор агай кирди. Ал газетага көз жүгүртүп чыкты да, кабагын бүркөп: - Муну ким чыгарды? - Биз, - деди пионервожатый мактангандай. - Бул эмне биздин пионер уюмунун органыбы, же... кайрадан чыгаргыла, көпчүлүк орунду өзүбүздүн мектептин пионерлеринин турмушуна бергиле да. Карачы көчүрүп алыптырсыңар... Агай кандай чыгаруу жөнүндө көрсөтмө берди да, чыгып кетти. Азап эми башталды. Баарын кайра иштөө керек, эмгек талаага кетти, эмне кыларыбызды билбей бири-бирибизди үнсүз карашабыз. - Чоң чыгып эле... Айла канча, кайра чыгаруу керек, - деди пионервожатый өзүнчө күңкүлдөп. - Түнгө калат турбайбызбы? Бир аздан кийин Отор агай келди. Газетаны чыгарууга ал да жардамдашты. Кайда, кыйла убактан кийин газетанын жаңы саны пайда болду. Агай бүтөр-бүткөнчө биз менен болду. А биз өзүбүз чыгарган газетага өзүбүз суктандык. Агайга алкыш айттык. Ал жылмайып: - Балдарым, жана мага нааразы болуп калдыңар көрүнөт, бирок, силердики да туурабы? Иштеп жаткан ишиңдин келечеги ийгиликсиз болсо, иштебей эле койгон жакшы. Пайдасы жок нерсеге асылып кереги жок... Эч нерсе эмес, газетанын келерки номерин менсиз эле жакшы чыгарасыңар. Жолдо биз мындай деп ойлоп бараттык: Пайдасы жок нерсеге асылып кереги жок... «Жакшы агай, эрктүү агай. Бир айтканын аткарат. Эгер биз болсок, көрсөтмө берип коюп чыгып кетпейт белек. А газета начар чыгып калмак. Бул бирөөбүзгө сабак болсун. Эртеңки күндүн күлкүсү үчүн бүгүн азаптануу керек». Бир күнү агай класска зор толкундануу менен кирди. Сабакты да баштаган жок. Бизге кубанычтуу кабарды жарыялады. - Балдар, мен көптөн бери ойлоп жүргөн оюмду силерге айтайын деп олтурам. Мектепке тарых музейин ачуу керек. Тарых музейи — өткөндөгү жана бүгүнкү

53


mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

САБАГЫҢДЫ САГЫНДЫМ

54

турмуш. Демек, музейди бир күндө түзүүгө болбойт, түйшүктү талап кылат. Андан ата-бабалардын турмушун, үрп-адатын билүүгө тийишбиз. А силер менин таянычым болууга тийишсиңер. Колубуздан келеби? - Келет агай! - баарыбыз ушинтип туш-туштан жаалап кыйкырдык. Агай музейге эмне керек экендигин, анын маанисин түшүндүрдү. Агай бул оюн педсоветте да айтыптыр. Бирок директор баштаган айрым мугалимдер каршы чыгышты: - Бош орун жок болсо... Балдарды дүрбөтүп, сабактан алагды кылып... музейсиз деле жашап келгенбиз. Алар музейдин жаралышына да ишенишпеди. Бирок агай айтканынан кайткан жок. Ал окуучуларга, энеаталарга таянды. Элди кыдырып, тарых музейинин мааниси жөнүндө баяндады. Чындыгында музейди түзүү көп эмгекти талап кылды. Ээрчишип алып Абдырай карыянын үйүнө барганыбыз эсимде. Анын үйүндө буурсун бар экенин билчүбүз. Агай Абдырайга эмнеге келгенин, тарых музейи тууралуу айтты эле: - Оюң, жакшы экен, балам, бирок ал буюмду бере албайм. Ал ыйык, ата-энемден калган. Үйдө турушу керек. Жок, балам, берүүгө болбойт. Канчалык түшүндүрө айтса, ал ушул сөзүн кайталап туруп алды. Шаабайыбыз сууп кайттык. Агай биздин көңүлүбүздү жубатып: «Баары бир музей уюштурабыз балдар. Азыр карыялар түшүнбөй жатышат. Кийин өздөрү эле алып келип беришет», - деп түтүндү түрө кыдырды. Азыр ошону эстесем, бир туруп агайдын эмгекчилдигине суктанам, бир туруп агайга боорум ооруйт, түшүнбөгөн карыяларга кыжырданып кетем... Ооба, эмгек байлыктын атасы экен. Музейибиз түптөлө баштады. Атайын бир бөлмөгө жайгаштырдык. Ушул мезгилде Отор агайдын демилгеси менен ветерандарды чакырдык. Алар бизге көп нерселерди айтып берди. «Үйдө чирип калганча, мында сакталып турганы жакшы» - дешип катылып жаткан буюмдарын алып келген карыялардын саны өстү. А түгүл Абдырай карыя да «ыйык буурусунун» баласынан берип жибериптир!.. Ошентип, мектебибизде музей жаралды. Анын автору Отор Шералиев эле. - Силер бактылуусуңар, - дечү агай, - ылайым ушул бакытка өмүр берсин. Бирок ушул бакыт үчүн кандай күрөш болгонун унутпагыла. Аны унутканыңар — акылсыздыгыңар! Агай өзүнүн өмүр жолун муңайым гана эскерет. Анткени ошол жылы согуш нечен адамдын татынакай тилегин таш каптырбадыбы! Балдарды жалдыратууга үйрөтүп, энелерди зыркыратпадыбы. Эстеген сайын каңыры түтөгөн күндү туудурбадыбы. Отор агайдын муңаяры эп. Ал ушул кан күйүп турган маалда педагогдук майданга келген. Ошондо жетинчи классты гана бүткөн эле. Бир күнү мектептин директору Отор агайды чакырып алып: - Балам, шартты көрүп турасың. Баягы агайларың азыр жок. Калемин мылтык менен алмаштырышты. Бизди коргоп кан кечип жүрөт. Сен эми 3-классты колуңа ал, окут!.. Анын үнү ыйлап жаткан адамдыкындай чыкты. Айла канча, Отор агай үчүнчү классты окута баштады. Ошентип, кечээки окуучу, бүгүн — мугалим. Учурдагы абал белгилүү го. Окуучу ыйласа, ал да ыйлады. Күлсө күлдү. Эрки кыйынчылыкта курчуду. Андан бери эки жыл өттү. Отор агай педагогикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктады. Кийин университеттин тарых факультетин сырттан окуп бүттү. Билим жагынан да, тажрыйба жагынан да өсүү жолунда болду. Оттук орто мектебинде эмгек жолунун жарымынан көбү өттү. Агайдын сабагынан 13 жылдан бери бир

да окуучу ордунда калбагандыгы анын күйүп бышканы, азаптануусу талаага кетпегендигин айкындайт. Өзү таптаган «күлүктөр» мекенин дүңгүрөтүп, жашоонун жарык болушу үчүн күрөшүп жаткандыгы — агай үчүн түгөнгүс бакыт байлык. Өкмөт менен партия агайдын эмгегин жогору баалады. Эчен жолу баалуу сыйлыктар ыйгарылды. Агайдын агартуу тармагынан алган мактоо, Ардак грамоталарын санап отурса көп. Жакында сүйүктүү агайым, каарманым — Отор Шералиевге жолугуп калдым. Ал классташтарымдын ар бирин сурап чыкты. Сөзүнүн акырында: - Биздин сыймыгыбыз — силерсиңер. Силер жакшы болсоңор биздин бактыбыз ошол. Сен келечектеги педагогсуң. Адамдын адамдыгын айгинелеген касиет, бул — адамгерчилик. Адамгерчиликтүү бол! Адамдарга, окуучуларга мамиле жасоого үйрөн, алар ыйласа да, күлсө да ортоктош бол, - деди. Ооба, мен студентмин, келечекте педагог болом. Азыр аудиторияда олтуруп лекция угам. Дайыма агайды эстейм. Дайыма минтип жүрөгүмдөн шыбырайм: «Сиздин айткан сөзүңүз — менин жаркыраган келечегим! Унутпайм. Сагындым, сабагыңызды агай!» Жеке мен эмес муну агайдын ар бир окуучусу айтат, агайды идеал тутат! Бул - чоң бакты. Агайга мындан артык сыймыктын эмне кереги бар?! Дүйнөдө жаңылык жаралса, окуучум жаратты деп түшүнүңүз агай! Жакшы көргөн адамды сагынсаңыз, мени окуучум сагынып жатат деп түшүнүңүз, агай! «Ленинчил жаш», 10-январь 1974-ж.


МУРАС

ТАБЫШМАКТУУ

ТАШ-РАБАТ Даярдаган Гүлнара Алыбаева, «Мугалим».

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

шу менен дал келет. Мындан тышкары, Мухаммед Хайдар аны Кашмирдин ушул сыяктуу эстеликтерине салыштырат. Эстеликти ал 1408-1416-жылдары Моголстанды башкарган Мухаммед хан курдурган деп эсептейт. Бирок Таш-Рабаттын ордун так көрсөткөн эмес. Андан соң, XVI кылымга чейин бул эстелик туурасында кыргыз эли жараткан легендалар жана уламыштардан бөлөк маалыматтар кездешпейт. Бул тарыхый курулушту изилдөө советтик доорго туура келет. ТеңирТоонун байыркы эстеликтери менен катар 1937-жылы Б.М.Зиманын жетекчилиги менен Таш-Рабатты экспедиция изилдеп чыгат. Таш-Рабатты 1944-жылы А.Бернштамдын жетекчилиги астында “Тянь-Шань Алай” археологиялык экспедициясы” иликтейт. 1950-жылы анын “Архитектурные памятники Киргизстана” аттуу китеби жарыкка чыгып, анын бир бапы ТашРабатка арналган. Ал кербен сарайды эсептөө менен бирге имараттын архитектурасына көчмөндөрдүн күчтүү таасири тийгендигин айткан. Кыргыз ССР Маданият министрилигинин илимий реставрациялоочу өндүрүштүк мастерскойлору эстеликти калыбына келтирүү максатында архитекуралыкархеологиялык жактан аны кеңири изилдөөгө киришет. Үч жыл (1978-1980) ичинде алынган материалдар эстеликтин жалпы мүнөздөмөсүмө көп жаңы нерселерди кошту. Таш-Рабат даана изилдене элек, дагы көп нерселер алдыда. Буга чейин окумуштуулар келип, изилдешкен, бирок эмнеден, кантип жасалганын такташа элек. Ичиндеги оролор кайда бараары да белгисиз. “Рабат” деген сөздүн түрк этноними, курулуш деп чечилет. Айрым маалыматтар боюнча, жазалаган адамдар атайын казылган орго же зынданга салынган. Таш-Рабаттын ичиндеги оролордун бири жер алдындагы туннель сыяктуу экен, ал жол менен башка мамлекеттен чыгат деген дагы маалымат бар. Оронун тереңдиги 10 метрдей, бирок так изилдене элек. Мүмкүн хан элин сырткы душмандардан аман сактап калыш үчүн, чыгарып кетүү жолу болуш керек деген маалымат да бар. Борбор залында хан жыйын өткөргөн, соодагерлердин кеңешмеси өткөн, кичик залында отуруп алып, чай ичип, жаткан болуш керек. Анткени эс алууга ылайыкталган тапчандар бар. Москвадан Федосов, Мазиев деген окумуштуу-археологдор да келген. Алар Москванын көрсөтмөсү менен келишкенин айтып, таш үйлөр тууралуу тарыхтарды окуп чыгышкандарын айтышканын жергиликтүү калк айтып жүрөт. Көрсө, курулган таш үй жөнүндө Кытай менен Чыгыштын эле тарыхында бар экен. Кытайдын тарыхында Улуу Жибек жолуна таш үйдү кытайлык бир монах өзүнүн каражатына салдырган экен. Ал эми Чыгыш тарыхында Темирлан Кытайга жортуул жасаганда, аскерлерине бирден таш ыргыттырып, таш үй салдырган деген бар экен. Эки тарыхта айтылган маалыматка ишенсек, анда Таш-Рабатты кытайлыктар салдырганы туура болуп чыгат экен деп москвалык окумуштуулар айтышыптыр. Таш үй курууга XIII-XIV кылымда шарт болгон эмес. Дүйнө жүзүндө таш үйлөр аз санда экен. Түштүк Америкада деңиз деңгээлинен 3500 м. бийиктикте жашаган индеецтер гана, ошондой эле аз санда Кытайда, анан Кавказда таштан үй, жол курушат экен деп айтышкан экен. Окумуштуулар аманаалы менен кербен сарайдын маңдайындагы тоону жардыртып, таштарды алып, кемтиктерин оңдотушкан. 1985-жылга чейин реставрация болуп, жакшы боло баштаган, кайра куруу учурунда Москва ремонттоо иштерин токтотуп койгон.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Таш-Рабат кербен сарайы Ат-Башы районунун борборунан 90 чакырым алыстыкта, Бишкек-Торугарт жолунун түштүк жагында тоо арасындагы капчыгайда жайгашкан. Ал XV кылымга таандык. Казактын көрүнүктүү илимпозу Ч.Валиханов Кашкардан кербен менен келатып, 1859-жылы Таш-Рабатты көрүп өткөн. Анын эмгегинде эстелик жөнүндө мындай жери бар: «Имарат чополуу сланец жалпак плита таштардан курулган, узундугу 12, туурасы 7 саржанча келет. Узун коридорду улай тегерек зал (радиусу 5 кез), үстү айдөш тоголок болуп кетет. Коридордун капталдарында кичинекей жана жапыз эшиктери бар, алардан чарчы жана сүйрүлжүн чакан бөлмөлөргө өтөт. Бул имарат бир кезде сыртынан да, ичинен да шыбалса керек». Сарайдын ичине киргендер бөлмөлөрүн так санап чыгыша албайт. Бирөө 30 бөлмө санаса, экинчиси 40ка жеткирет. Кыскасы, тарыхта окумуштуулардын айтуусу боюнча, 40-41 бөлмө бар экендигин, бул имарат кыргыздар үчүн сыйынуу жана курмандык чалуу жайы болгонун окуганбыз жана уккандарыбыз да бар. Таш-Рабат Ат-Башы кырка тоолорунун бир чоң капчыгайында турат. Курулуш дээрлик чарчы келип, тараптарынын узундугу 32,4*34,8 м. Эстеликтин төрт тарабы дүйнө багытын каратып салынган. Маңдайкы бети чыгышты карайт. Имарат тоо бетиндеги жасалма аянтка курулган. Фундаменти уюлма топурак катмарга кирип турат, тереңдиги 0,2-2 м. Бүт бет маңдайын, дарбаза-эшик түркүктөрүн кыдырата таш тектирче өтөт. Чоң коридорунун эки жак четинде, ортоңку залынын төрт дубалын кыдырата, ошондой эле башка имараттары менен коридорлорунун бир топ жеринде да таш тектирче бар. Залынын астынан чопо толтурулган ороолор табылган. Залдын ортосунда кичине ороо бар. Ал ортосу тешик, чарчы жалпак таш менен жабылган. Ороону тазалаганда карапа идиштин сыныктары, жаныбарлардын сөөктөрү чыккан. Карапалар кооздолгон эмес, X-XII кылымга таандык деп айтып жүрүшөт. Имараттын айланасын казган кезде да ушундай карапалар чыккан. Ошону менен бирге эле ороолордон жана курулуштун айланасынан X-XII жана XIII кылымга мүнөздүү, жашыл, күрөң жана кара-көк сыр менен кооздолгон бир нече карапа сыныктары табылган. Кыязы, алардын эстеликке түздөн-түз тиешеси жок болсо керек. Ошону менен катар кийинки орто кылымдардагы жергиликтүү эмес кооздолбогон керамика да табылганын угуп жүрөм. Таш-Рабат өтө табышмактуу, сырдуу имарат. Кээ бир маалыматтарга караганда, ташты эчкинин майына ийлеп туруп бири-бирине бекитилген дешет. Анткени ал жактагы кыштар саргыч тартып турат. Дагы бир маалыматтарга караганда, илгери Нух пайгамбардын убагында элди эс алдырууга Нух пайгамбардын уулу Таш-Рабатты салышка маңдайдагы зоодон таш ыргытып турган. Нух пайгамбар баласына айтат: “Ташты ыргыта бер, көч өтөт, кызжигит өтөт эч кимди караба”, - дейт. 2-3 күн өткөндө чыдабайбы же байкоосузданбы карап ийет, ошол себептен ыргытып жаткан таштары жетпей калат. Ошондуктан жарымынан азы бүтпөй калган”- дешет. Таш-Рабат жөнүндөгү жазуу булактарындагы жана адабияттагы маалыматтарга таянсак, Таш-Рабат биринчи жолу XV кылымдын II жарымында Мухаммед Хайдардын “Тарых жана Рашиди” деген кол жазмасында, бул эстелик тууралуу курулуштун архитектуралык өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн баяндама берет. Андагы маалыматтар Таш-Рабаттын архитектуралык курулу-

55


mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Методикалык иштелмелер

56

Алтынкүл СЫДЫГАЛИЕВА, «Айылым ачылбаган сандыгым» долбоорунун жетекчиси, Алчалуу орто мектебинин тарых мугалими, Эл агартуунун отличниги, Ленин жолу айылы, Чүй району.


МЕТОДИКА

Кыргызстандын экономикасы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында УЛУУ ЖЕҢИШТИН 70 жылдыгына карата

М DVD

- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы согуш ардагерлерин эскерүү минутасы. Окуучуларга “Мээге чабуул” - тез жооп берүү. VIII. Үйгө берилген тапшырманы кайталоо - Топтор менен иштөө – 1- топ 2 суроо 2- топ 2 суроо - Улуу Ата Мекендик согуш темасында сүйлөп беришет; - Баатырларды даңазалоо менен сүрөттөрүн көтөрүшөт. Сөздүктөр менен иштөө - Топ башчыларына бирден суроо узатуу - Сүйлөм түзүү - Жооп берүү Хронологиялык даталар 1941-жыл; 1942-жыл; 1943-жыл; 1944-жыл; 1945-жыл. Эске тутуу сезимдерин калыптандыруу - Доска менен иштөө - Шамдагайлыкты көрсөтүү I. Сабактын максаты: Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстандын экономикасы жөнүндө окуучулар маалымат бере алышат. Эгер, окуучулар согуш жылдарындагы элдин абалын, өзгөрүүлөрдү белгилеп, өнөр жайдагы, айыл чарбадагы эмгекти белгилей алышса. II. Сабактын тарбиялык максаты: Ата Мекенди сүйүүгө, коргоого, патриоттуулукка тарбиялана алышат. Эгер, Мекен үчүн адам баласынын эмгеги ак ниеттен болгондугун тарыхый мисалдар менен далилдей алышса. III. Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучуларды жарандык патриоттуулук активдүүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүү. IV. Сабактын предмет аралык байланышы: Дүйнө тарых, география, адабият, математика, кыргыз тил. V. Сабактын тиби: Интерактивдүү, Комбинацияланган (аралаш).

X. Жыйынтыктоо XI. Окуучулардын билимин баалоо XII. Үй тапшырма берүү §13-14. Документалдык материалдар. 10 суроо, жооп түзүү.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

Окуучулардын согуш ардагерлери тууралуу жасаган иликтөөсүнөн

#5-6 (13) 2015 май-июнь

VI. Сабактын жабдылышы: Улуу Ата Мекендик согуштун картасы; Кыргызстандын картасы; Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган буклет, иллюстративдик сүрөттөр; баатыр Панфиловчулар. • Кластер: Кыргызстандын экономикасы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында. • Техникалык каражаттар: - видео-тасма: Улуу Ата Мекендик согуш 1941-1945жж.; - слайд: Айылдын согуш жылдарындагы майдандын жана тылдын ардагерлери. • Архивдик материалдар: “Айылдын ачылбаган сандыгы” кружоктун жыйнаган материалдарынан. • Иллюстративдик сүрөттөр: Эмгектин баатырлары – З. Кайназарова, К. Шопокова • Түбөлүк от. Улуу Ата Мекендик согуштун Ардагерлерин эскерүү. VII. Сабактын жүрүшү 1. Уюштуруу иштери. - Саламдашуу - Топторго бөлүү - Топ башчысын шайлоо - Жаңы теманын максатын айтуу

IX. Жаңы теманы өтүүнүн планы 1. Улуу Ата Мекендик Согуш жылдарындагы биздин айылдын согуш жана тылдагы ардагерлери а) - Китепти ачабыз, §13-14; бет-114-125; - Кластер менен иштөө; - Карта менен иштөө; - Ардагерлердин (Эмгектин баатырлары З.Кайназарова менен Керимбүбү Шопокованын) эмгегин даңазалоо; - Китеп менен иштөө. б) Айылдын ардагерлери кружок “Айылдын ачылбаган сандыгы”. Архивдик материалдар. - Жээнчороевдин I - II китеби - Окуучулардын жазып калтырган материалдары. - Слайд. Согуш жылдарындагы Алчалуу айылынын Согуш жана Эмгек ардагерлеринин сүрөттөрү.

57


МЕТОДИКА

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Айылдын Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлеринин тизмеси:

58

1. Аманбаев Ибрагим - “Москваны коргогондугу үчүн” Кенсбергди алгандыгы үчүн “Ардак белгиси” жана башка медаль, ордендердин ээси, Кыргыз ССРнин Эл агартуусунун отличниги, мугалим-методист, Ленин Жол айылы 2. Алыбаев Ысак - Ленин Жол айылы 3. Мусабаев Муталип - Ленин Жол айылы 4. Кыдынов Абдыкерим - Ленин Жол айылы 5. Осмоналиев Нуркалый - Султан айылы 6. Жолдубаев Шамбет - Ленин Жол айылы 7. Аликеев Кушчу - Талды-Булак айылы 8. Чоңмурунов Асанбек - Карой айылы 9. Усупбеков Токтомомун - Карой айылы 10. Ниязалиев Шайым - Ленин Жол айылы 11. Жолдошов Абдылас - Карой айылы 12. Кондубаев Сөлкө - Карой айылы 13. Табалдиев Токтогон - Карой айылы 14. Абдиев Абдыракман - Карой айылы 15. Сабыр Сатар - Ленин Жол айылы 16. Манжыбаев Абаскан - Талды- Булак айылы 17. Раисов Илсам - Талды-Булак айылы 18. Аманбаев Абдиш - Талды-Булак айылы 19. Исенбаев Жапар - Ленин Жол айылы 20. Ниязов Абдылас - Карой айылы 21. Кудайбергенов Бейше - Ленин Жол айылы 22. Кубатов Абсадык - Ленин Жол айылы 23. Ибраимов Осмон - Ленин Жол айылы 24. Ирсалиев Жапар - Ленин Жол айылы 25. Бугубаев Молдосан - Карой айылы 26. Ибраимов Осмон - Ленин Жол айылы


МЕТОДИКА

Ж.Шералиевдин

өмүрү, чыгармачылыгы ЖУМАМҮДҮН ШЕРАЛИЕВДИН 100 жылдыгына карата

М DVD

Назира Жапсарбаева, Ж. Баласагын атындагы КУУнун ПКМДИнин искусство (комуз, вокзал) сабагы боюнча окутуучусу.

(2-слайд)

Жогоруда биз «Жибек чачтын» угармандарга тийгизген күчтүү таасирин кыскача сүрөттөдүк. Муну менен Ж.Шералиевдин ырларынын чыныгы элдүүлүгү калайыккалктын эстетикалык көркөм табитине жооп берип, анын оюндагыдай чыккан чыгармалар экенин баса белгилемекчибиз. Бул көрүнүктүү обончу-композитордун мыкты чыгармаларынын бир гана мисалы. Анын мындай мыкты ырлары эң эле көп жана алар дээрлик бардык эл оозуна кирип, калк казынасына, кенчине айланды. Шералиевдин ыры десе жумуштарын токтотуп, ичкен аяктарын жерге коюп кулак түрө угушат. Кыскасы, «Көрчү, музыканын күчүн! Көрчү обон таасирин! Бул эмне деген укмуш! Ушунча элдин сезимдерин түп көтөрө каңтарып көккө көкөлөтүп жаткан бул эмне деген касиет?!».

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

ал - кыргыздын атактуу эл ырчысы, обончу-композитору катары калкка 30-жылдардан бери таанымал, советтик улуттук ыр чыгармачылыгыбызда көрүнүктүү инсан. (3-слайд) Ж.Шералиев өнөрүн өргө чапкан, талантын дайыма өстүрүп көп эмгектенген адам. Анын басып өткөн турмуштук, чыгармачылык жолу бир жагынан өтө кызыктуу, экинчи жагынан үлгү болорлук. Турмуш-тиричилиги даңгыраган түп-түз жол менен кеткен жок. Көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, сандаган азап-тозокторду туруктуулук менен жеңип чыкты. Чыгармачылыгы боюнча чоң ийгиликтерге жетишип, эл үчүн иштеп жанын сабап эл аралап жүрдү. Эл, коомчулук анын асыл искусствого сиңирген эмгегин жогору баалап сыйлыктарды ыйгарып келе жатат. (4-слайд) Алып баруучу: Ж. Шералиев — советтик доордун адамы жана ырчысы. Ал 1915-жылы туулуп, социалисттик коомдо тарбияланып чоңойду. Адеп эле анын көркөм өнөргө болгон умтулуусу ушул советтик коомдук көрүнүштөр менен байланыштуу. 1920-жылдарда Ат-Башыдагы Туюк-Бөгөттү деген жерге чек аралык застава келип жайгашып калат. Жакырчылык оор турмуштун айынан эптеп жан багып жүргөн Жумамүдүндүн ата-энесине заставанын бул айылга келиши оңдой берди болду. Энеси Токтор ушул заставанын үй шыпыргычы болуп иштеп, солдаттардын кирин жууп, нан бышырып берип жүрдү. Атасы Шералы оорукчал баласына боору ооруса керек, ушунум көңүлү чөкпөй элдин балдарындай жүрсүн деп чакан арча комуз чаап берет. Атасы өзү да аздыр-көптүр комузчу киши болгон экен. Күндөрдүн биринде кичинекей Жумамүдүн энесин ээрчип заставаны көздөй жөнөйт. (Кийинки күндөрдө Жумамүдүн энесин көп ээрчичү болду). Токтор апасы: - А мейли, барса барсынчы, үйдө калганда эмне кылат эле, андан көрө ыйлабай жанымда ойноп жүрө берсин. Алып баруучу: - Токтор апа баласынын ичинде эмне сыр

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Сабактын максаты: - Ж.Шералиевдин өмүр таржымалы, жараткан обондору, кыргыз маданиятына кошкон салымы тууралуу кеңири түшүндүрүү; - Композитордун чыгармалары аркылуу студенттерди достукка, адамгерчиликке, маданияттуулукка, кичи пейилдүүлүккө, Ата-Мекенин сүйүүгө тарбиялоо; - Музыкалык сабаттуулугун, түшүнүктөрүн кеңейтип, өнөргө болгон табитин өстүрүү. Сабактын тиби: Жаңы материалдарды өздөштүрүү сабагы. Сабактын методу жана формасы: Окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгүн уюштуруу жана ишке ашыруу, өз алдынча иштөө. Аудиториялык ачык сабак. Сабак аралык байланыш: Маданият таануу, фольклор, элдик оозеки чыгармачылык, тарых, сүрөт ж.б. Сабактын жабдылышы: Композитордун сүрөттөрү, ага карата жазылган плакаттар, көрсөтмө куралдар, жыйнактар. Музыка багытында окуу китептер, методикалык колдонмолор, дидактикалык материалдар, ноталык карточкалар, слайд, аудио, видео материалдар ж.б. Сабактын жүрүшү: Сабакты өтүүдө обончу композитор Ж.Шералиевдин төмөнкү “Фестиваль ыры” аттуу чыгармасын уктуруп, текстин студенттерге берип ырдатуу менен жаңы теманы баштайбыз. “Өнөр адамдарынын музыкалык мурастарынын Кыргыз радиосунун алтын казынасында сакталышы” - биздин азыркы муундун кайрадан жаңыртып ырдап чыгуулары абдан кубантат. «Жибек чач!» аттуу обондуу чыгарманы студенттин аткаруусунда уктуруп, андан соң аткарылган ыр атактуу обончу, Кыргыз ССРинин Эл артисти Жумамүдүн Шералиевге таандык экендигин талдайбыз. Бул ырды укканда ички дүйнөң туйлап, бүткөн боюң балкып кетет. Сезимиңди кумарлантып, ченемсиз ырахатка бөлөйт, ырдын тексти ойлуу, образдуу келип, обондун кайрыктарына камыр-жумур болуп кетет. Жүздөгөн башка мыкты ырлардай эле, элдин калың катмарына сиңип, мейли концерттерде болсун, мейли үйдө болсун, мейли көчөдө, мейли тоо-талаада, мейли үлпөт-кечелерде болсун эл оозунан түшпөй ырдалып жүрөт.

59


МЕТОДИКА

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

жатканын али байкаган эмес. Мына Жумамүдүн энесин бүгүн да ээрчип баратат. Заставага жакындап барганда баланын кулагына мурун энеси менен келип угуп жүргөн музыка дагы жаңырды. Баягы кыякчы солдат кыягын тартып отурган экен. Бала: - Эне жүрү, тээтиги жакка баралычы. Алып баруучу: - деди Жумамүдүн кыякчыны көздөй колун сунуп. Токтор апа баласынын музыкантты көрсөтүп жатканын көрө коюп, анын жанына жетелеп барып отургузуп койду да, жумушуна кетти. Мына, көптөн бери ынтызаар, үнүн гана алыстан угуп, кармап көрүүгө зар болуп жүргөн кыякты, эми өз көзү менен көрүп, так мандайында отуруп угуп атат. Баланы көргөн солдат кыягын күүлөгөндөн күүлөп, музыка төгүлө берди. Бала таң калып эки көзүн кыяктан албай тиктейт. Солдат аны карап жылмайып койду да, кызыгып укканын көрүп музыкасын улантты. Ал ойногон аспап Жумамүдүн үчүн белгисиз эле. Апасы менен атасынан сураса, алар кыяк деп коюшкан. Аларды туурап

60

Жумамүдүн да кыяк дейт. Кийин, чоңоюп музыка дүйнөсүнө биротоло башын байлап, аспаптарды музыка аспаптарын ажырата баштаганда заставадагы солдат байкеси ойногон орус аспабы баян экенин эскерип жүрдү. Солдат күүдөн күүгө өтүп, музыкасын кубулжута берди. Күүлөрдүн ар бир кайрууларына өткөн сайын анын манжаларынын тез кыймылдашы баланы ого бетер таңдандырат. Тим эле тигинин беш манжасы кыяктын ак седептерине автоматтай ыргып жабыша калып жатты. Солдат биртике кыягын токтотуп балага кайрылып. Солдат: - Сеники комуз бар? Бала: - Бар, үйдө. Солдат: - Жакшы, эртең кел, комуз алып кел, здесь, Алып баруучу: — деп жаңсай сүйлөгөн орусту Жумамүдүн (сөзүн түшүнбөсө да жаңсоо аркылуу оюн түшүндү) түшүнө коюп, күлүмсүрөй сүйүнүп кетти көрүнөт: Бала: - Макул, комузумду алып, эртең, келем, байке-е деп чуркаган бойдон (чаңды буруксута) энесине барды. Алып баруучу: Эртеси энеси жумушуна келгенде Жумамүдүн да келди, комузун көтөрүп алып. Кыякчы байке келди бекен дегендей кечээки жакты караса, ал жаңы эле барып калган экен. Баланы көрө алыстан колун булгады. Тиги шашкан бойдон жетип барып комузун көрсөтө: Бала: - Мына менин комузум, эми дагы күү чертип бересиңби кыягың менен?— деди. Солдат: - Жумамүдүндүн маңдайынан сылап эркелетип, кыягынын боосун ийнине салды да, угуп тур дегендей башын ийкеп, күүгө киришти. Күүсүн ойноп бүтүп Жумамүдүнгө күлүмсүрөй карап. - Кандай? - Жакшы? - Жаман? - деди. Бала: - Жакшы. Солдат: - Билесин? Запомнил? Бала: (башын ийкеп) – Ооба деди. Пауза. Солдат: - Ладно, жакшы, еще слушай и запомни. Алып баруучу: - Аңгыча болбой Токтор энеси келип калды. Солдат жигит ага кичи пейил салам айтты да. Токтор апасы: - Сеники жакшы кичик бала. Солдат: - Способный. - Я научу его. - Комуз билет? Билмейт? Токтор апасы: - Ой, айланайын уулум ушул жаман иниң өнөргө шыгы бар окшойт, обон күү дегенде ак эткенден так этет. Сенин кыягыңды көп айтчу болду. Кыягынды ойнотуп, үйрөтүп койчу? Мобу колундагы комузду атасы жасап берген. Колунан түшүрбөйт, жатканда кошо ала жатат. Өзү оорукчал болду. Ата-

сы: «балам өнөрлүү болсо жерде калбайт, жанын багып кетет» — деп, комуз черттирип үйрөтүп калат. Солдат: - Кана эмесе, мен ойнойм, сен запомни, потом сен ойнойсун комузда, - деди солдат жигит. Токтор апасы: - Балам, сага обон үйрөтөм деп жатпайбы, жакшылап угуп тур, көкүрөгүңө түйүп калып кайра комузуңа ойноп бер, - деп энеси баласына түшүндүрдү. Солдат: - Кыякчы бир күүнү бир нече жолу кайталап ойноп берди да, эми комузуңду колуңа алып ойно, - дегендей жаңсады. Бала: - уялып тарткынчыктады. Токтор апасы: - чочуп «Ой, ойной гой, каралдым, ойно, сени тиги байкең, жакшы бала экен деп жакшы көрүп жатпайбы» - деди. Бала: - Эреркегендиктенби, кайраттанып комузун бурап алып солдаттын күүсүн кайталап черте баштады. Күүнү баштаарын баштап алып жаш жүрөгү дүкүлдөп апкаарыгандыктан бети кызарып, муундары калтырап, эмне дээрин биле албай бир солдатты, бир энесин жал-жал карайт. Солдат: Чертип жаткан күүнү эки кайруусун дагы бир нече жолу кайталап Жумамүдүнгө: - Эми ушуну комузуңа келтир, сен чертпесең, мен да кыяк тартпай коём, - дегендей айтты да, өзү токтой калып, эми Жумамүдүндөн кезек күттү. Жумамүдүн кичинекей тыпыйган кол манжалары менен орус күүсүн кандай келтиргенин өзү да билбей калды. Алып баруучу: Солдат жигит кыягынын боосун шак ийнинен чыгарып, столдун үстүнө коё койду да баланы так көтөрүп, өз баласындай өөп-өөп алып жерге түшүрүп, комузун кайра колуна карматып, кыягын ала коюп, дагы ойноду. Жумамүдүндүн балапан жүрөгү ого бетер алып учту. Солдат жанагы күүнүн уландысын тартып: Солдат: - Эми ушуну үйрөн, анан күүнү башынан аягына чейин черте бер, - деп ишаарат кылды да Жумамүдүндү дагы бир кучактап колун кармап, оң жагында турган Токтор эне менен коштошуп алып өзү жаткан бөлмөнү көздөй кыягын кыңкылдаткан бойдон басып кетти... Алып баруучу: Арадан бир топ жыл өттү. Жумамүдүн чоңоюп киши болоюн, калем кармап кат тааныйын дегенде эки көзү төрт. Токтор энеси заставада жумушчу болуп иштеп жүрүп көзү ачылып, жаңы совет турмуш жолун айылдагылардан эртерээк түшүнүп калгандыктан биринчи коммунист, батрачком болуп шайланат. Жумамүдүн дагы заставага барып жүрүп, аң-сезими эртерээк ойгонуп, орусча сөздөрдү, тамгаларды үйрөнүп, окуганды өздөштүрүп алат. Комузун да таштаган жок. Кээде чогулуш жыйындарда ырчы, комузчуларды көрүп калса, «мен да ушулардай өнөрпоз болсом ээ» деп эңсеп коюп жүрдү. Бирок коомдук иштерге такай энеси менен тең эмгектенди. Айыл советине секретарь болду, өзүнүн «1-Май» колхозунун комсомол уюмуна актив болуп иштеди. Мугалим: “Сакадай бою сары алтын” – аттыккан кичинекей Жумамүдүн комузда ойноо менен гана чектелбестен, андан ары чыгармаларды жаратуу менен алга карай умтула берди. 1-окуучу: 1928-жылы «Сүйгөн жарга» деген ыры кийин «Сүйүү ыры» деп жаралат. Бирок Жумамүдүн ал жөнүндө элге айталбай жүрдү. Жакшы көргөн гана теңтуш, бир чети тууган Айсар, Акун, Жумаалыларга ырын үйрөтүп, — силер элдики деп эле ырдай бергиле, — десе, алар: — Жумамүдүндүн ырын уккула, секетбай жазыптыр, — дешип айыл-апага жайып ийишет. Ошондон баштап ал кичинекей обончу атка конот. 2-окуучу: 1929-жылы районо «Туюк-Богошту», «ЖолБогошту» деген кыштактардагы сабатсыздарга Шералиевди мугалим кылып бекитет. Атайын окуп билим албаса да, ал анда сабаттуу болуп, окуп, жазып калган. Колхоз уюшула баштаганда комсомол кызматкери болду. 3-окуучу: 1930-жылдары «Созулма» деген лирикалык ырын чыгарат. «Созулма» эски элдик «Күйгөн», «Секетбайлардын» стилинде жазылган, бирок анын обонунда өзүнчө бир музыкалуу оригиналдуулук бар эле. Бул канаттуу элге жаккан ыр Шералиевдин өз репертуарында түбөлүк орун алып такай аткарылып жүрдү. Кийинчерээк Шералиев Ат-Башы райондук Советинин аткаруу комитетинин жалпы бөлүмүндө иштеп калат. Бирок сүйгөн чыгармачылыгын таштабай райондук клубда драмкружок уюштурууга катышып, «Ажал ордуна» пьесасын коюуга жардам берет. «Түшүмдө» деген өзүнүн жаңы ырын жазып ыр-


МЕТОДИКА кан. Партия менен өкмөт анын эмгегин жогору баалап, декада бүткөндө «Ардак белгиси» ордени менен сыйлаган. 40-жылдар Ж.Шералиев үчүн өмүр бою унутулгус бир жагынан кандуу согуш мезгилине туш келсе, экинчи жагынан анын калеминен бир топ ырлар жаралгандыгы менен айырмаланды. 1940-жылы Токтогулдун 80 жылдык юбилейи өткөрүлүп, ага карата Шералиев атайын заказ менен улуу акындын сөзүнө «Токтогулдун арманы», «Токтогулдун кербези», «Кыздар ай», «Балам жок» деген ырларды жазып, юбилейлик концертте ырдап чыкты. «Кыздар айды» П.Шубин өтө жактырып гармониялаштырып, оркестрге салып, хор менен аткарткан. Кийин бул чыгармалар филармониянын концерттик репертуарына киргизилип бекитилген. “Биз билген жана биз билбеген Токтогул” – дегендей, Токтогулдун юбилейинен кийин Ж.Шералиевге Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген наам берилген. Ушул эле жылы ал жазылган ырларынын негизинде обончу-композитор катары СССР композиторлор Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. Улуу Ата Мекендик согушта фронтко жөнөтүү пункттарында, митинг өткөн ишканаларда, госпиталдарда, кыргыз атчандар полкунда, тылдарда берилген концерттерге катышып ырдап, элди эмгекке, жеңишке, чыдамкайлыкка үгүттөдү. Ушул оор учурга тиешелүү темаларга байланышкан «Приморский край», «Катюша», «Три танкиста», «Весёлые ребята» деген ырларды аткарды. Ошону менен катар согуш темасына арнап, көптөгөн ырларды жазды. Алардын ичинде: «Жоокердин ыры», «Жолдоштор», «Келиндин ыры», «Каналчынын ыры», «Согуштан кат», «Эл үчүн», «Узатуу», «Белегим», «Ата-эне»,

«Талантты заман таптайт, жетик болсо эли барктайт»

Элдик накыл кеп

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

«Сагыныч», «Кыз-жигит», «Жигитке», «Ойло сен» ж.б. бар. Бул ырларда фронттогу жоокерлерди эрдикке, тылдагыларды күжүрмөн эмгекке шыктандырган чакырыктар, айылдагы үйбүлө, ата-эне, бала-бакыралардын сагынуулары, куса болгон жубайлардын армандары ырдалат. Кээ бир ырлардын обондору лирикалык жумшак каткырыктардан турса, айрымдары марш, кайраттуу үн-интонациялары менен жаңырат. Ж.Шералиевдин согуш жылдарындагы эң жакшы ырлары эл арасында концерт берип жүргөндө жаралат. Айылдан айылды кыдырып, карапайым калктын көркөм талабын өз көзү менен көрүп, акыл-сезими менен түшүнүп Ж.Шералиев чөйрөгө жараша калың элге жагымдуу ырларды жазууга мүмкүнчүлүк алат. «Ойло сен» ыры Токтогул районунда концерт берип жүргөндө жазылып, өзүнүн аткаруусунда ырдалган. 1944-жылдын жай айларында көл калаасында гастролдо жүрүп өзү менен бирге концерт берип жүргөн акын Абдылда Көкөновдун сөзүнө «Кыз-жигит», «Сулуу кыз» деген шайыр, тамашалуу дуэт ырларын жаратат: (Ат жалында жүрүп, эки ырдын бирөөнү Бурулча Орузбаева менен Бөкөй Байгелдиевге, экинчисин Анвар Куттубаева менен Бектемир Эгинчиевге үйрөтүп ырдатат). Өзү комуз менен аккомпониментин ойнойт. Гастролдоп жүрүп Фрунзеге келгенде Шубин дароо Жумамүдүнгө кайрылып, бул эки ырды нотага түшүрүп, партитурасын жазып оркестр менен ырдаткан. Согуштан кийинки ырлары. Тынчтык, эл чарбаны калыбына келтирүү, социализмди чыңдоо, Ата Мекенди коргоо, Коммунисттик партия, Родина жөнүндөгү темаларга арналды. Согуш бүтөөр замат анын «Жеңген эл», «Компартия», «Тынчтык үчүн», «Партияга даңк», “Фестиваль ыры”, “Жаштар маршы” ж.б. ырлары жарыкка чыкты. «Жибек чач», «Адырдын терсек гүлдөрүн», «Укчу эркем», «Забойдогу келинге» өңдүү лирикалык мыкты ырлар чыгарылат! Ж.Шералиевдин ырларынын көпчүлүгү радионун фондусуна жазылып, эфирден, пластинкалардан жаңыра баштайт. Республикабызда радио, пластинка аркылуу музыкаларды пропагандалоо анын ырларын гана эмес, бүткүл кыргыз искусствосунун өсүшүнө чоң, өбөлгө түздү. Шералиевдин ырлары болсо мурункудан дагы чоң кадыр-баркка ээ болуп, кадимки элдик массалык ырлар катары тарады. Өз чыгармачылыгында обончу-композитор балдар тема-

#5-6 (13) 2015 май-июнь

дап чыгат. Мугалим: Ошондо Жумамүдүндүн өмүрүндө эсте каларлык бир окуя болот. Айылга райондон соода тармагында иштеген Абдрай деген кыйын ырчы-акын келип конот. Капысынан кимдир бирөө анын атынын жал куйругун кыркып кетет. Ал кезде аттын жал-куйругун кесүү жамандык издеген көрө албаган кишилердин колунан келчү. Айылдаш Жөжө деген бир жеке дыйкан колхозго мүчө болуп кирүүдөн баш тарткандыктан эл аны жаман көрчү. Үч баласы атасынын тилине кирип элдин тынчын алып жашыруун жаңжал чыгарып жүрүүчү. Айылдын эстүү-баштуулары Абдрай менен Жумамүдүндү айтыштырып калышты. Улгайып көптү көргөн Абдрай ырчы комузун чертип ырын баштады: «Май колхозго келгеним, Баар таап жыргадым. Баракелде «Май» колхоз, Айгырымды кылдадың. Акылың менен сындагын, Арада жалгыз жай чарба, Жөжөнүн уулу кылбагын. Шералиев ага минтип жооп берген экен: «Май» колхозго келгениң, Айтканың ырас жыргадың. Айгырыңдын куйругун, Айлыма жала кылбагын. Алты кадак буудайга, Ак-Жарга өзүң пулдадың. Асыла бербе ар кимге, Акылы жок урганым. Абдрай: . Кайгыда өтүп жаш чагың, Кыштактан карыш баспадың. Айбыгып ачык айталбай, Айталбайраак жатканым. Айгырымдын куйругун, Атаң экөөң сатпагын. Шералиев: Жакада минтип жатканым, Жакшы иштерди баштадым. Жазуу менен колхоздун, Жалпы иштерин тактадым. Аялдарды көп алдап, Арам акча таппадым, Канча дейсиз Абдыке, Казандын сынган капкагы? – деп жооп кайтарган экен. 1936-жылы республикалык 1-олимпиадада Шералиев өзүнүн ырларын ырдап, комиссия тарабынан жактырылып жаңыдан уюшулган мамлекеттик филармонияга артист болуп калтырылат. Мына ушундан баштап анын артисттик жолу башталат. Эл аспаптар оркестринде адегенде альт-комузда нота менен ойногонду үйрөнөт. Дирижёрлор П. Шубин жана К. Орозовдун жардамы аркасында музыкалык сабат алып, аспапта ойноонун ыкмаларын өздөштүрөт, эл оркестринин коштоосу менен жеке ырларды аткарып жүрүп ырчы-солист деген квалификацияга ээ болду. Кошо иштешкен профессионал музыканттар, концертмейстрлер менен ыр үйрөнүп, обон жатташып, репетиция өткөрүп, концерттик гастролго чыгып жүрүп, музыканы, обонду нота менен окуп ырдоого жетише баштайт. Атайын вокал сабагынан Т. Романовадан ырдоонун ыкмаларын үйрөнөт. Ушунун баарысы Шералиевдин профессионалдык жагынан өсүшүнө түрткү болду. Мындайынча айтканда, филармония ал үчүн «музыкалык университет» эле. Шубин башкарган эл аспаптар оркестри менен чыгып ырдаган ырчы-солисттердин көзгө басары эле Жумамүдүн эле. Көпчүлүк солисттер нота менен ырдай алчу эмес. Алар өздөрү комуз чертип ырдашкан солисттер эле. Ал эми Шералиев нота менен ырдагандыктан оркестрден артта калбай же астыга кетпей обондун темпи, тоналдуулугу менен, өзүнүн филардаониялык мүнөздүү үнү менен профессионалча ырдай билчү. Ошону үчүн П. Шубин аны өтө жакшы көрчү, дайыма оркестр менен кошо гастролго ала жүрчү. 1939-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын искусствосунун 1-декадасына Ж.Шералиев өзүнүн лирикалуу «Созулма», «Түшүмдө» деген ырларын ырдап барган, жалпы хорго катыш-

61


mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

МЕТОДИКА

62

сына да кайрылды. Советтик балдардын бактылуу келечегин, коммунизмдин жаш куруучуларынын жаркын образын жакшынакай обондор менен сүрөттөдү. «Улуу Ленин атабыз», «Ушундай бол» дагы ушул сыяктуу ырлар мектепте окуган, жана мектепке чейинки бөбөктөрдүн сүйүктүү ырларына айланган. 50-жылдарда ырларынын жанрдык, тематикалык алкагы кеңири, ар түрдүү болду. 1963-жылдан баштап Шералиев Нарын музыкалуу драма театрында иштейт. Ырларында мурун чагылдырыла элек темалар, образдар пайда болот. Мисалы, «Фестивалга», «Геологдун ыры», «Мен кыргыз», «Нарыным» аттуу ырларында ушул мезгилдерде болгон окуялар чагылдырылган. Көптөгөн ырларда ак эмгеги менен өлкөнүн байлыгын көбөйтүп жатышкан малчылардын, дыйкандардын күжүрмөн образдары, аларга элдин, мамлекеттин көрсөткөн урматы, эмгекчил жигиттер менен кыздардын ашыктык сезимдери берилет. Ж.Шералиевдин «Компартия» деген үч үндүү хору анын атайын композитордук билими жок болсо да, өз алдынча музыкалык теория менен гармонияны өздөштүрүп, көп үндүү хор жазууга жетишкендигин айгинелейт. 60-жылдарда патриоттук, элдердин интернационалдык достугу жөнүндө, эмгек, лирикалык, балдар жана сатиралык ырлар чыгарылды. Алардын басымдуулугу патриоттук жанрда иштелген. Алсак, «Партбилет», «Ленин атам», «Ырахмат орус атага», «Даңк», «Россия жөнүндө ыр», «Жүрөк каным Мекеним», «Кыргыз жайлоосу», «Иштешели кел жеңе», «Эстейинчи», «Солдаттын ыры». Сатиралык жанрга. «Ойсекенин бешик ыры», «Эрке жеңелер», «Чекмурат» ж.б. кирет. Жеке ырлар менен катар «Калдыкка каршы», «Кайындарга», «Сонун да», «Гүлдөй бер», «Аралаш өскөн сезим» аттуу эки үн ырдай турган дуэт-ырлары жазылат. 70-жылдар - Адаттагыдай эле ал патриоттук, граждандык, бактылуу эмгек, таза сүйүү, кыргыз жаратылышынын темаларында ырларды арбын жазды. Ж. Шералиев - ырлардын гана эмес, чоң чыгармалардын, музыкалык комедиялардын да автору. Ал атактуу, кыргыз ырчысы, комузчусу жана комик-актёру Шаршен Термечиков тууралуу «Кантың бар» (либреттосу Б. Курманкуловдуку) аттуу музыкалуу комедия жазган. Ж. Абдыкадыровдун «Ырдуу күйөө - чырдуу кыз» деген комедиясына бир нече обондор чыгарган. К. Мамбетакуновдун «Үкөй» драмасын ыр, ариозо, хор, дуэт, бий менен музыкалаштырып (композитор А. Тыналиев менен бирдикте) бул спектаклди музыкалык драмага жакындатып жазган. Мындан сырткары, ал бир актылуу пьесаларды, күлкүлүү сатиралык интермедияларды, бир нече айтыштардын текстин, поэтикалык ырларды, газеталарга эмгек жөнүндө публицистикалык макалаларды жазып, акын, драматург, журналист катары да таанылды. Азыр ал обончу-композиторлорубуздун ичинен эң кадырлуу карыя аксакалы. Али күчтөн тайыбай өзү негиздеген, уюштурган Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында музыка бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Нарын областынын жаш обончулары ырчылык искусствону Ж.Шералиевдин таасири астында өздөштүрүшкөн, баалуу кеп-кеңештерин алышкан. Ырлары элге белгилүү болгон А. Темиров, С. Мамбетбаев, К. Досмамбетова, С. Турдубаев, К. Тагаев, Э. Маданбеков, К. Эралиевалар Шералиевден обон түзүүнүн жолдорун үйрөнүшкөн. Ж. Шералиевдин ырлары, обондук стили эски лирикалык кыргыз эл ырларынын салттарында түзүлүп калыптанып, бара-бара жаңы турмуштук көрүнүштөр, жалпы советтик массалык ырлардын таасирлери менен байып кыргыз улуттук ырынын өзүнчө бир жаңы тибине, мазмунуна, формасына чейин өстү. Кыргыздын фольклордук эски ырларында мажордук ладдар басымдуулук кылып, минордук ладдар сейрек учурагандыгы белгилүү. Эски обондордогу мындай традициялык музыкалык өзгөчөлүк кийинки убактарда советтик композиторлордун ырларынын таасири менен өзгөрдү. Ушул өзгөрүү процессинде Шералиев биринчилерден болуп кыргыз ырларын жаңы кайрык-интонациялар, үн-добуштар менен толуктады. Көптөгөн ырларды минордук ладда жаза баштады. Обондорду жаңы куплеттик ыр формаларында, кыргыз поэзиясында мурун болбогон он бир (11) муундуу тексттерге жазды. Анын жолун жолдоп азыркы жаш обончу-композиторлор минордук ырларга өтө кызыгышып, минордук ладды, эки-үч бөлүмдөн турган татаалдашкан куплеттүү формаларды өздөрүнүн ыр чыгармачылыгында

кеңири колдонушуп жатышат. (5-слайд көрсөтүлөт)

Демек, Шералиевдин ырлары кыргыздын улуттук ыр искусствосунун мурунку жана кийинки этаптарында, жалпы эле элдик ыр чыгармачылыгынын өнүгүү процессинде зор салым кошкон эң керектүү звено десек жаңылышпайбыз. (6-слайд көрсөтүлөт) Чыгармаларында ноталык сабаттуулугун көргөзө алган. Бул тема боюнча студенттерге атайын түзүлгөн ноталык карточкаларды пайдалануу аркылуу сабакты түшүндүрөбүз. Терминдик сөздүктөр: - Ариозо (arioso – ария өңдүү) – адатта көлөмү чакан жана эркинирээк формада жазылган. - Гармония (грек. tharmonikos – үндөшүү, бөлүктөрдүн шайкештиги, байланышы, сымбаттуулугу) – музыкалык добуштарды бириктирген жана музыкалык үндөшүүнүн эң негизги булагы болгон аккорд. - Партитура (итал. Patitura – сөзмө-сөз бөлүү, бөлүштүрүү) – оркестр, хор, камералык ансамбль ж.б.

Музыкалык сабаттуулук Талкуу учүн суроолор: 1. Өнөр адамдарынын музыкалык мурастарынын Кыргыз телерадиосунун алтын казынасында сакталышынын пайдасы канча? 2. Ж.Шералиевдин “Жибек чач” аттуу ырынын мазмуну? 3. Бул ыр кайсы жылы жазылган жана кимдер аткарган? 4. Ж.Шералиев композиторлуктан башка дагы кандай чыгармачылык өнөрлөргө ээ болгон? Сабакты жыйынтыктоо: Өтүлгөн тема боюнча сабакты жыйынтыктап, корутунду жасоо. Студенттердин сабакка болгон мамилелерин, билимдерин баалоо. Үйгө тапшырма: Жумамүдүн Шералиевдин өмүрү чыгармачылыгын терең үйрөнүп, композитор жараткан обондуу ырлардан жаттап келүү үчүн тапшырма берүү.


МЕТОДИКА

ЖЫЛ СҮРҮҮ М DVD

Нурида Касымбекова, К.Карасаев атындагы БГУнун изденүүчүсү, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын окутуучусу.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Грамматикалык тема: Сан атооч, түрлөрү Сабактын максаты: Сан атооч тууралуу алгачкы билимдерин бышыктап, студенттердин лексикасын сан маанисиндеги сөздөр менен толуктоо; кеп ишмердүүлүгүндө сан атоочторду туура колдонуунун зарылчылыгын көрсөтүү. Жыл сүрүү тууралуу жалпы маалымат берүү. Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү сабагы. Сабактын формасы: Топторго бөлүп иштөө. Окутуунун методу: Аңгемелешүү, аналитикалык, ситуациялык, видеометод. Сабактын жабдылышы: Ватман, маркер, сүрөттөр, карточкалар, компьютер, проектор. Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. Топторго бөлүштүрүү үчүн кептик тексттин (Жыл сүрүү) болжолдуу пландары жазылып, ар түрдүү формада кесилген 4 түрлүү (кызыл, жашыл, сары, көк) кагаздар таратылат. Бир өңдөгү кесиндини алган студенттер бир топту түзүүсү керек. 2. Жашынган сандар. Бул ыкманын максаты: студенттерди сабактын грамматикалык темасы менен тааныштыруу; Шарты: сүрөттө чагылдырылган нерселердин аталышын жана анда жашынган сан атоочторду табуу. Ар бир топ сүрөттөгү экиден сөздүн лексикалык маанисине түшүндүрмө берүүсү керек. 1. Алты бакан - селкинчек сыяктуу тээп ойной турган оюн; 2. Күрүч - палоо; 3. Беш бармак - этти, камырды майда туурап, шорпо кошуп даярдалуучу улуттук тамак; 4. Батон - формасы сүйрү же жалпагынан келген нан; 5. Алтын - кымбат баалуу жаркырак түстүү металл; 6. Алтыгана - сары түстүү гүлү бар майда бадал; 7. Жетиген - асмандын түндүк тарабынан орун алган жылдыздар тобу; 8. Кыркын - койду кыркуу процесси; 9. Аккордеон - клавишалары бар кыяк тибиндеги музыкалык инструмент; 10. Балкон - үйдүн жогорку кабаттарынын боорунан сыртка ка-

рай чыгарылган тосмолуу аянтча; 11. Баллон - суюктук жана газ сыяктуу нерселерге ылайыкталган жабык идиш; 12. Жетим - ата-энеси же алардын бири өлүп калган бала; 13. Күчүк - иттин баласы; 14. Көкбөрүчү – көкбөрү оюнунун катышуучусу; 15. Монета - түрдүү баадагы ар кыл металлдан жасалган тыйын, акча; 16. Экипаж - кеменин, самолёттун, танктын командасы, анда кызмат кылган адамдар. 3. Жаңы теманы түшүндүрүү: Эң алгачкы философ Пифагор чындыкты изилдөөлөр сан аркылуу жүргүзүлөт деген ойду карманган, анткени бардык нерселерди сан түрүндө элестетүү мүмкүн. Сан – белгилүү фигура (схема, теңдеме) түрүндө берилген энергетикалык талаа жана башкалары менен биргеликте мезгил аралык мейкиндикте матрицалык системаны, б.а. биздин дүйнөнү түзөт. Буга табийгат өзү далил көрсөтөт: логарифмалык спираль түрүндөгү үлүлдүн кабыгы, абсолюттук симметриядагы аарынын уюгу, ырааттуу тилинген кызыл карагайдын тобурчагы, саат жебесине карама-каршы спираль түрүндө жайгашкан күн караманын дандары ж.б. Ошондуктан байыркы замандын чыгаан ишмерлери оор маселелерди математикалык окшоштуктардын жардамы менен гана чече алышкан,” - дейт. (Кузанский Н. Сочинения. - М., 1979. - Т. 1, 63, 65-б.). Демек, сандар тууралуу алгачкы ой-пикирлер тээ байыркы замандарда эле пайда болгон. Жонулган чоң таштардан кынапталып, кырк кабаттуу үйдүн деңгээлине чейин көтөрүлгөн Хеопс пирамидасы Байыркы египеттиктердин 5000 жыл мурда эле чыгаан математиктерден болгондугун далилдейт. Илим менен техника өнүккөн бүгүнкү заманда да оор салмактагы таштарды бийиктете тизүү - оңой-олтоң иш эмес, ага ылайыктуу механизмдер да ойлонуп табыла элек. Биздин күндөргө чейин фараондордун күмбөздөрүнөн башка да кол жазмалар келип жеткен. Табылгалардын арасында атайын сандарга арналгандары да бар. Анын бири – А.С.Пушкин атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинде сакталып турган, 4000 жыл мурун жазылган москвалык папирус. Кийинки математикалык кол жазма – андан 200-300 жыл кийин жазылган Ахмес папирусу. Эң алгач индик цивилизация ондук сандар тизмегин сунуштаган. Ал эми сандарды изилдөө Платондун доорунан башталган. Бүгүнкү күндө сандар тууралуу бир топ кызыктуу материалдар айтылып келет. Мен сакралдык (касиеттүү, ыйык) сандарга токтолгум келет. Ар элде өзгөчө маани берген сандар бар. Мисалы, улуттун аты (кырк кыз – кыргыз), Манас атабыздын кырк чоросунун болушу, баланын кыркын чыгарууга арналган ырым, адам кайтыш болгондон кийин эфирдик денеси «өлгөн» мезгил деп эсептеп, кырк ашын берүүсү ата-бабаларыбыздын бул санга канчалык маани бере тургандыгын далилдеп турат. «7» санынын ыйыктыгын жети нан таратуу, «Жетинин бири кыдыр», жети ата, жети осуят ж.б. аныктайт. Ал эми кытайлыктар «8» санын өтө жакшы көрүшөт.

63


mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

МЕТОДИКА

64

Күндөлүк турмушуна байланышкан сандарда (телефон номери, үйдүн адреси) «8» болушун аябай каалашат. Буга Пекиндеги олимпиаданын 08.08.08 саат 8ден 8 мүнөт 8 секунд өткөндө башталгандыгы күбө. Ошол эле кытайлыктар “4” санын «сылык айтканда» көп жактыра беришпейт. Себеби, «4» саны «өлүм” сөзү менен үндөшүп кетет. Ырымчыл калк бул нерсеге ишенишкендиктен, аны кырсык алып келүүчү сан деп билишет. Аларда №4 оорукана, 4-кабат дегендер жок. Христиандарда 500 саны «жакшы» сан, анткени Иисус Христос кайра тирилгенде, аны 500 адам көргөн. Нумерология илиминде ар санды интерпретациялоого аракет кылышат: 1 - көз карандысыздыктын символу; 2 - дипломатиянын, адептүүлүктүн символу; 3 - чыгармачылыктын, бактылуу жашоонун символу; 4 - тоскоолдуктарды жай жеңген, бирок кыйшаюусуз прогресстин символу; 5 - ар кылдуулуктун, өзгөрүүлөрдүн символу; 6 - үйдүн, үй-бүлө милдеттеринин символу; 7 - даанышмандык, билим, акыл-эстин символу; 8 - байлыктын символу; 9 - сүйүүнүн символу. Ал эми тил илиминде сан атооч тууралуу төмөнкүдөй маалыматтар берилет: заттын санын, иретин, эсебин, болжолун, тобун, катар тартибин билидирген сөз түркүмү сан атооч деп аталат. Алар канча? нече? канчанчы? неченчи? канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берет. Сан атооч сөздөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп, экиге бөлүнөт. Жөнөкөйү бир гана сөздөн, татаалы эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт. М и с а л ы: Жөнөкөй сан атоочтор: эки, беш, он, жыйырма, кырк, жүз, миң, миллион. Татаал сан атоочтор: он үч, отуз эки, бир миң тогуз жүз алтымыш сегиз ж.б. Сан атоочтор маанисине карай 6га бөлүнөт. 1. Эсептик сан. 2. Иреттик сан. 3. Жамдама сан. 4. Чамалама сан. 5. Топ сан. 6. Бөлчөк сан. Төмөндө айрым сан атоочтордун этимологиясына токтоло кетели. Миллион. Бул санды белгилүү италиялык саякатчы Марко Поло ойлоп тапкан экен. Ал XIII кылымда Кытайга барып, ал жердин сулуулугуна, байлыгына таңданып, ошол сезимин италия тилиндеги милли (миң) жана оне деген күчөткүч бөлүкчө аркылуу билдирген. Токсон. Бул тогуз жана он сандарынын биригүүсүнөн пайда болгон.Тогуз жолу он дегенди түшүндүрөт. 4. Тексттин алдындагы иштер; 1. Текстти окугула; 2. Абзацтардагы негизги сүйлөмдү аныктагыла; 3. Аларга ат коюп, жөнөкөй план түзгүлө. Жыл сүрүү Жыл сүрүү – салттуу турмушта мезгилдин агымын, окуянын

мөөнөтүн, кишинин жашын жана башканы эсептөө ыкмасы. Кыргыздын элдик жыл сүрүүсү 12 жаныбардын аты менен аталган, ал кайталанма мүнөзгө ээ. Адамдын жашын аныктаганда кайсы жылы төрөлсө, ошондон баштап ирети санашкан. Он эки жыл толук айланып, он үчүнчүгө кеткенде мүчөл жыл деп айтылган. Биринчи мүчөлдүн 12 эмес, 13 деп эсептелгени адамдын курсакта жатканын кошуп эсептөөгө байланыштуу. Мындай маалыматтар V-IX кылымдарга таандык көп элдерде, анын ичинде кыргыздардын жазма эстеликтеринде да сакталып калгандыгы күбө. Окумуштуу И.В.Захарованын пикирине таянганда, Тан династиясынын жазууларында: “Кыргыздар жылды 12 жаныбардын аты менен аташат” деп жазылган. Казак окумуштуусу М.У. Искаков жыл аттарын 12 жаныбардын аты менен казак, кыргыз, уйгур, өзбек, азербайжан, татар, түрк, тува, монгол, бурят, корей, япон, болгарлар белгилешет дейт. Жаныбарлар жыл талашын төмөнкүдөй тартипте жеңип алышкан: Чычкан, уй, жолборс, коён, балык, жылан, жылкы, кой, мечин, тоок, ит, доңуз. Тактай кетчү нерсе, 12 жылдын алмашып келиши 300 жылда кайра кайталанат. 1 жыл 25 жолу кайталанганча, 300 жыл өтөт. Мисалы, 1900, 1600, 1300, 1000, 700, 400, 100 жылдар чычкан жылы болгон. 5. Теманы бышыктоо үчүн көнүгүүлөр 1. Шарада түзүү (фр.т. «табышмак» Мында катылган сөздөрдүн башкы муундары берилет да, жаңы сөз келип чыгат). Орусча сан атоочко үндүү кошсоң, Ансамбль үч кишилик добуш созгон. Трио 2. Ою да, бою да бир сандарды табуу. М., 10 - эки орундуу сан, эки тамгадан турат. 100 - үч орундуу сан жана үч тамгадан турат. 3. Көп чекиттин ордуна тийиштүү сан атоочторду койгула. ... эрдин достугу ... тоодон ашырат, ... элдин достугу ... тоодон ашырат. ... тоо кошулбайт, ... эл кошулат. Элдин ... тиреги бар: ... – акылман, ... –баатыр. ... чыбык менен ... кой айдалат. ... казан сүттү иритүү үчүн ... тамчы айран жетиштүү. Жакшы атка ... камчы, жаман атка ... камчы. Жигитке ... өнөр аздык кылат. 4. Сан атоочторду катыштырып, чакан текст түзүү; 1-топ – Мекеним - Кыргызстан; 2-топ – Менин жашоомдогу сандар; 3-топ – Менин окуу жайым; 4-топ – Мен сүйгөн майрамдар. 5. Тексттеги сан атоочторду тамга менен көчүрүп жазгыла. 6. Үй тапшырма: Жыл сүрүү боюнча кызыктуу маалыматтарды топтоо.


МЕТОДИКА

Ромб жана анын касиеттери М DVD

Гүлнара Жуманалиева, №5 Улуттук компьютердик гимназиянын математика мугалими.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

Айланайын балдарым, Силерди ойлойм ар дайым. Кана туруп бир-бирден, Касиетиңерди айткыла. Окуучулар билишсин, Сабакта эч бир жаңылбай, Пайдаланып жүрүшсүн. Параллелограмм турат Мен параллелограмм, Бир капталыма кыйшайып турат. Диагоналдарым барабар болбой калганга, Анда-санда арман да кылам. Диагоналдарым кесилишкенде, Бирок тең экиге бөлүнөт. Ал мезгилде мени караса, Төрт бурчтук болуп көрүнөт. Аянтымды табышат, Негизимди бийиктигиме көбөйтүп, Кээде суммалап да коюшат. Эки бурчтукка бөлүп, Жактарымдын суммасын, Периметр деп коет, Жактарым менен бурчтарым, Эки-экиден өз ара барабар болот. Тик бурчтук тура калат: Менин бардык бурчтарым тик, Диагоналдарым өз ара барабар. Карама-каршы жактарым барабар. Байкем параллелограммдын, Дегим көпчүлүк касиеттери менде бар.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Сабактын максаты: Окуучулар: 1. Ромб жана ромбдун касиеттери жөнүндө түшүнүк алышат. 2. Бышыктоо иретиндеги көнүгүүлөр жана түрдүү вариациадагы сүрөттөө аркылуу билимдерин бекемдейт. 3. Бири-бирин текшерүүнү, б.а. өз ара билимин текшерүүнү формалдаштырат. Биргелешип иштөөдө өз ара кызматташуу көндүмдөрүнө ээ болушат. Сабактын методу: Традициялык метод. Сабактын тиби: Аралаш Сабактын формасы: Билимди системалаштыруу, топтордо иштөө. Сабактын жабдылышы: Компьютер, проектор, таблица, схема плакаттары, маркер, төрт бурчтук фигуралары, карточка, бор жана тряпка. Сабакка чейинки мотивация: Фигуралардын турмуштук зарылдыгын билүү; (архитектурада, кийим бычып, курак куроодо, боорсок кесүүдө, значок, сувенир жасоодо…) Милдеттер: - Фигуралардын түрлөрүн ажырата билүү; - Ромбдун аныктамасын, элементтерин жана касиеттерин билүү; - Турмушта колдоно билүү; Өбөлгөлөр: - Окуучунун ой жүгүртө билүүсү; - Сызгыч менен чие билүүсү; - Төрт бурчтуктар жөнүндөгү алгачкы түшүнүктүн болушу; Сабактын жүрүшү: I. Уюштуруу учуру: (1 мин.) (Доскага тема жазып, плакаттарды илүү, жылма доска даярдоо, фигураларды даярдоо, саламдашуу, жоктоо жана бор, тряпкаларды даярдоо). II. Yй тапшырма текшерүү: §22.1 №6 а) жана №8 (2 мин.) №6 а) (бири-бирин текшерүү аркылуу баа коюлат)

Берилди: Чыгаруу: АВСD - тик бурчтук а=3х; в=7х а+в=16 дм. 3х+7х=16 дм. а:в=3:7 х=1,6 а,в-? Анда, а=3•1,6=4,8 дм.; в=7•1,6=11,2 дм. Жообу: 4,8 дм.; 11,2 дм. №8 Берилди: Чыгаруу: АВСD - тик бурчтук ∟ DАС=∟АСВ-=36˚ (кайчылаш) ∟ DАС=36˚ ∟АСD=90˚-36˚=54˚ ∟АСD=∟СDВ=54˚ ΔСОD: ∟ СОD=180-2•54˚=72˚ Жообу: 72 III. Өтүлгөн материалды кайталоо (8 мин.) (Алдын ала окуучуларга ырлар бөлүштүрүлүп берилип, ар бири ошол ырына жараша фигураларды жасашып колдоруна алып чыгып, ырларын айтып берет. Доскага «Төрт бурчтук» чыгып, төмөндөгүнү айтат). «Төрт бурчтук жана анын балдары» деген математикалык пьесаны сунуш кылабыз. Сөздү төрт бурчтук баштайт:

65


МЕТОДИКА Квадрат Бурчтарым, жактарым, диагоналдарым барабар, Анан да бардык бурчтарым тик. Бир тууганым тик бурчтуктан, Деги кем калбай түк, Мага сырттан да, ичтен да, Айлана сызса болот. Аны менин өзгөчө касиетим деп коет, Диагоналдарым бурчумду да, өзүмдү да, Тепе-тең экиге бөлөт. Аянты үчүн сен бирдик да болуп берем, Муну ар бир окуучу билет.

ма берилет. Окуучулар өздөрү аныктаманы айтууга аракет кылышат. Аныктама: Эгер АВСD - параллелограмм, АВ=ИС=СD= DА→АВСD - ромб. - Ромбдук аныктамасын айтып бергиле. (Жогорудагы берилген төрт бурчтуктун классификациясына кайрылып, аны толуктайбыз). Төрт бурчтуктардын классификациясы: (Сканер) - Параллелограммдын касиеттерин ромб үчүн колдонуп айтып бергиле. (Доскага бир окуучу чыгып, параллелограммдын касиеттерин жазып берет, жазып бүткөндөн кийин ромбдун жеке касиети кошумчаланып окуучуларга берилет). Ромбдун касиеттери: 1) АВ=ВС=СD=DА; 2) АВ‖СD, АD‖ВС; 3)∟А=∟С, ∟В=∟D; 4) ∟А+∟В=180˚; 5) АС∩ВD=О жана АО=ОС, ВО=ОD; 6) АС┴ВD жана 7) АО, ВО, СО, DО-А,В,С, D бурчтарынын биссектрисасы.

Ромб Менин да жактарым барабар, Бирок бурчтарым тик эмес. Диагоналдарым өз ара перпендикуляр, Жана да бурчтарымды тең экиге бөлөт. Параллелограмм иниси экенимди, Бир көргөн эле окуучу билет. Төрт бурчтук Ички бурчтарыбыздын суммасы, 360 градусту түзөт. Диагоналдарыбыз экиден, Жактарыбыз жана бурчтарыбыз төрт. Демек, менин касиеттерим, Баарыңарда бар. Башкача айтканда, силер менин, Жекече учурумсыңар. Кимиңердин кыйын экениңерди, Окуучулар өздөрү сынап алаар. Ушуну менен сөздү бүтөлү, Калган сөздү окуучулардан күтөлү. Суроо: Төрт бурчтук жана көп бурчтук деген эмне? - Төмөндө көрсөтүлгөн сүрөттөрдүн ичинен кайсынысы көп бурчтук (томпок жана томпок эмес) болуп эсептелет? (Компьютерден проектор аркылуу экранга төмөндөгү сүрөттөлүштөр көргөзүлөт). (Сүрөт тартылат). Жообу: 3), 4), 6), 7), 8), 9) - көп бурчтук; (Туура жообун ар бир окуучу баракчага белгилеп, көрсөтүлгөн туура жооп аркылуу бири-бирин текшеришет). - Төрт бурчтуктардын классификациясы: (Схема сканерленет) паралТик лелограмм бурчтук 1

Карама-каршы жактары параллел жана барабар

+

+

2

Бардык жактары барабар

-

-

3

Карама-каршы бурчтары барабар

+

+

4

Коңшу бурчтарынын суммасы 180˚ка барабар

+

+

5

Бардык бурчтары тик

-

+

6

Диагоналдары кесилиш чекитинде тең экиге бөлүнөт

+

+

7

Диагоналдары барабар

-

+

8

Диагоналдары перпендикуляр жана ошол бурчтун биссектрисасы болот

-

-

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

- Фигуралардын касиеттеринин таблицасы.

66

IV. Окуучуларды жаңы материалды өздөштүрүүгө даярдоо. (8 мин.) (чакыруу этабы) Топ менен иштөө. Ар партага бирден карточка берилет. Даяр чийме боюнча маселе чыгаруу. (Сканер болот сүрөт) Даяр чиймедеги маселелердин жооптору: 1. ∟С=64˚, ∟D=116˚ 2. MP=4см, PK=10см 3. ∟В=∟ D=115˚, ∟С=∟А=65˚ 4. ∟АВF=20˚ 5. P BDFM=40 6. ∟AOB=60˚; ∟ВОС=120˚ 7. ∟А=∟С=53˚, ∟В=∟ D=127˚ V. Жаңы материалды түшүндүрүү. (Түшүнүү этабы) Доскага төмөнкүдөй математикалык символ аркылуу аныкта-

паралТик лелограмм бурчтук

Ромб

1

Карама-каршы жактары параллел жана барабар

+

+

+

2

Бардык жактары барабар

+

-

+

3

Карама-каршы бурчтары барабар

-

+

+

4

Коңшу бурчтарынын суммасы 180˚ка барабар

+

+

+

5

Бардык бурчтары тик

+

+

-

6

Диагоналдары кесилиш чекитинде тең экиге бөлүнөт

-

+

+

7

Диагоналдары барабар

+

+

_

8

Диагоналдары перпендикуляр жана ошол бурчтун биссектрисасы болот

-

-

+

Квадрат

(Сканерден сүрөт чыгат). • Фигуралардын касиеттеринин таблицасына кайрылып, таблицаны толуктайбыз. 8. Диагоналдары перпендикуляр жана ошол бурчтун биссектрисасы болот - - + Чийме боюнча маселе чыгаруу (көрсөтүлгөн чийме боюнча маселени чыгарууну оозеки жүргүзөбүз) Берилди: Чыгаруу: АВСD - ромб АВ=ВС жана ∟В=60˚б/тан ∟В=60˚ ΔАВС - тең жактуу б.а. АС=10,5 см. АВ=ВС=АС=10,5 см. РАВСD=4•АВ=4•10,5=42 Жообу: 42 см. Суроо: ΔАВС жөнүндө эмне айта аласыңар?


МЕТОДИКА Ромбдун периметри эмнеге барабар? Маселе (жалпы класс менен бирдикте окуучулардын жардамы менен мугалимдердин чыгарып көрсөтүп берет). Ромбдун тар бурчу 45˚. Ромбдун жагынын диагоналдары менен түзгөн бурчтарын тапкыла. Берилди: Чыгаруу: АВСD - ромб ВD-диагонал жана ∟АВСнун биссектрисасы. ∟АВС=45˚ ∟АВD=1/2•45˚=22˚30 ∟АВD-? ΔАОВ:∟90˚ (себ, АС┴ВD) ∟ОАВ-? ∟ОАВ=90˚-22˚30=67˚30 (Сканерден чыгарылат) Суроо: Жагынын диагоналдары менен түзгөн бурчтары кайсы бурчтар? ΔАОВ жөнүндө эмне айта аласыңар? ∟ОАВ кантип эсептейбиз? VII. Жаңы теманы бышыктоо, мисал менен чыгаруу. (10 мин.) (Ойлонуу этабы) Көнүгүүлөр: (Окуучуларга жагы 1,8 дм. болгон ромбду берип, өздөрүнө ченетип анын периметрин табуу тапшырмасы берилет). • Ромбдун жагы 1,8 дм. Периметрин эсептегиле. Берилди: Чыгаруу: АВСD - ромб АВ=ВС-СD=АD=1,8 дм. АВ-1,8 дм. РАВСD=4•АВ=4•1,8=7,2 дм. РАВСD -? Жообу: 7,2 дм. • Ромбдун периметри 36,4 м. Жагын тапкыла. Берилди: Чыгаруу: АВСD - ромб РАВСD=4•АВ РАВСD -36,4 м. 4•АВ=36,4 м. АВ=? АВ=9,2 м. АВ=ВС=СD=АD=9,1 Жообу: 9,1 м. • Ромбдун бир диагоналы жагына барабар болсо, анын бурчтарын эсептегиле. Берилди: Чыгаруу: АВСD - ромб АВ=АС=ВС анда ΔАВС-тең жактуу АВ=АС ∟ВАС-∟В=∟АСВ=60˚

∟А,∟В-? ∟А=2•∟ВАС=2•60˚-120˚ Жообу: 120˚, 60˚ • Ромбдун тар бурчу 42˚. Калган бурчтарын тапкыла. (кошумча көнүгүү) Берилди: Чыгаруу: АВСD - ромб ∟А+∟В+∟С+∟В=360˚ ∟В=42˚ ∟А=∟С, ∟В=∟D=42˚ ∟А=∟С-? 2∟А+2∟В=360˚ ∟В=∟D-? 2∟А+2•42˚=360˚ 2∟А=360˚-84˚ 2∟А=276˚ ∟А-138˚ Жообу: 138˚; 42˚ VII. Сабакты жыйынтыктоо. Ромбдун турмуштагы колдонулушу тууралуу айтсак, геометриялык фигураларды өтүкчү да, бычмачы да, уста да жана жер ченөөчү да пайдаланышат. Кол өнөрчүлүк татаалдаган сайын, билимдер өркүндөй берген. Курулуштарды курууда геометриялык фигуралап ар убакта кездешет. Кана, балдар өзүңөр да турмуштан ромбду кездештирдиңер беле? Эстегилечи! Окуучулардын жоопторунан кийин ромбго карата үй тапшырма берилет. VIII. Үй тапшырма берүү. §22.2 №9, №11 (1 мин.) Ромб фигурасын катыштырып танграм, б.а. ар кандай жаныбар же курак куроодогу ар кандай сүрөттөлүштөрдү түзүп келүү. Дидактикалык максаты: Балдардын конструктордук ой жүгүртүүсүн, элестөөлөрүн өстүрүү. Мисалы, (сканер) IX. Окуучулардын билимин баалоо. Сабакта топтогон баллдарынын орто арифметикалык маанисин табышат, ал баа окуучунун бүгүнкү сабакта алган жыйынтык баасы болуп, журналга түшүрүлөт.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

67


МЕТОДИКА

«Путешествие в город Толерантность» Классный час М DVD

Элмира Абдиева, учитель сш. «Давха-Сокулук».

Цели: • познакомить учащихся с понятием «толерантность», с основными чертами толерантной личности; • способствовать формированию терпимого и уважительного отношения к людям разных национальностей; • развивать коммуникативные возможности учащихся, умения правильного общения в коллективе; • воспитание чувства коллективизма, сплоченности. Оборудование: два сердечка, название улиц, города, слова: Любовь, Доброта, Удача, Красота, Радость, Печаль, Волшебник. Ход: слайд №1 Учитель: Всем говорю я: “Здравствуйте! Добрый день, друзья! Он наступил такой прекрасный, Потому что в нём и ВЫ, и Я!” 1. ВСЕМ! ВСЕМ! ВСЕМ! Всем разным, но равным! 2. Всем, желающим обладать искусством, жить рядом с непохожими людьми! 3. Всем, мечтающим жить в согласии с собой и другими посвящается этот день!

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Учитель: Здравствуйте, дорогие друзья! Мы очень рады, что собрались здесь сегодня все вместе. Посмотрите в глаза друг другу, возьмитесь за руки. Ведь всего через несколько минут мы отправляемся в путешествие по городу, где ценятся доброта, взаимопонимание, уважение к окружающим тебя людям – городу Толерантность. Ребята, скажите вот мы все время говорим толерантность, толерантность - что это такое вообще, что оно означает? Слово толерантность. (Ответы детей). А чтобы нам в пути подружиться, давайте познакомимся поближе.

68

Учитель: – У меня в руках волшебное сердечко. Передавая его по кругу, вы вполголоса называете самое лучшее присущее вам качество. Учитель: а сейчас мы посмотрим китайскую притчу, которая поможет нам сформулировать тему занятия. Притча называется «Ладная семья». Смотрите внимательно. (инсценировка притчи)

Учитель: Какие три слова стали законом в семье, где царили мир и согласие? Дети: Любовь, терпение, прощение. Учитель: Как вы думаете, о чём будем беседовать на занятии? Дети: Дружба, доброта, терпение, любовь, уважение… Учитель: Всё то, о чём вы сейчас говорили, предполагали, можно объединить, назвать одним словом «толерантность». Вам понятно значение этого слова? Т – это способность терпеть что-то или кого-то. Понятие «толерантность» для обычного нашего сознания непривычно. Нам ближе слово – «терпимость». Терпимость – способность и умение терпеть, быть терпеливым, мириться с чужим мнением.


МЕТОДИКА 1. Толерантность - это дружба, Труд и уважение. И для нас она не служба, А одно спасенье. 2. Толерантным будь всегда! Ненависть откинь ты. И гуманность навсегда, Закрепи ты в мире. 3. Совладать сумей с собой, Слушай своих близких. В мире мы живем семьей, Нет поступков низких! 4. Доверяй своим друзьям! Будь, терпим и вежлив! Не кричи по пустякам! Не кати ком снежный! 5. Кто в беде покинет друга, Сам узнает горечь бед, И на сердце будет вьюга, Если дружбы в сердце нет! А теперь мы начнем свами наше путешествие. Учитель: Перед вами схема путешествия, улицы в нашем городе необычные: улица Доброты, улица Дружбы народов, улица Взаимопонимания, площадь Согласия, улица Крылатых выражений. Учитель: Что скрывается за воротами города, нам предстоит сегодня узнать. Давайте войдем и узнаем. Улица Доброты – главная улица города Толерантность. На ней живет сказка. “Жила была сказка” (Сценка) Автор: Жила-была на земле девушка по имени Любовь. Скучно ей было жить на свете без подружки. Вот и обратилась она к старому, седому, прожившему сто лет волшебнику: Любовь: - Помоги мне, дедушка, выбрать подружку, чтобы я могла дружить с ней всю отпущенную мне Богом жизнь. Автор: - Подумал волшебник и сказал: Волшебник: - Приходи ко мне завтра утром, когда первые птицы запоют и роса еще не просохнет… Автор: - Утром, когда алое солнце осветило землю, пришла Любовь в условленное место… Пришла и видит: стоят пять прекрасных девушек, одна другой краше. (выходят 5 девочек) Волшебник: - Вот выбирай. Одну зовут Радость, другую – Удача, третью – Красота, четвертую – Печаль, пятую – Доброта. Любовь: - Они все прекрасны, не знаю, кого и выбрать… Волшебник: - Твоя правда, они все хороши, и ты в жизни еще встретишься с ними. А может, и дружить будешь, но выбери одну из них. Она и будет тебе подружкой на всю твою жизнь. Автор: - Подошла Любовь к девушкам поближе и посмотрела в глаза каждой. Задумалась . - А кого выбрали бы вы? Почему? Автор: -Любовь подошла к девушке по имени Доброта и протянула ей руку. Учитель: Доброта – это отзывчивость, душевное расположение к людям. Я думаю, что со мной согласитесь, что в школе нужно учиться доброте. Песня «Что такое доброта» Слайд №2

Учитель: Если люди будут обладать всеми этими качествами, то на Земле исчезнут войны, ссоры и споры. Люди не будут страдать, и ненавидеть друг друга. Ведь не имеет значение к какому народу принадлежим. Мы все жители планеты Земля, граждане единого человечества. 1 чтец: На Земле под синим небосводом, Создано немалое народом. Разных стран, обычаев, культур, И любой народ велик и мудр. 2 чтец: Будь толерантен – попросту терпим, К культурам и обычаям иным. Все в мире важно, все его лицо, И все достойно быть, в конце концов. Учитель: Ежегодно 16 ноября отмечается Международный день толерантности (терпимости). А в нашей школе мы отмечаем в феврале месяце. Выходя из библиотеки, мы попадаем на главную городскую площадь Согласия. (Игра «Клубочек») Учитель: Давайте поиграем в игру. У меня в руках клубочек (передавая и разматывая клубочек другому нужно назвать положительное качество своего соседа ему на ушко). Например: Ты самый добрый. Учитель: Что же у нас получилось. Мы все связаны друг с другом одной ниточкой. Вот также связаны между собой люди в обществе. Песня «Дети Земли» Учитель: Вот и заканчивается наше путешествие по городу Толерантность, возвращаться мы будем по улице Крылатых выражений. Эта улица украшена плакатами, на которых написаны мысли выдающихся мудрых людей. Давайте прочитаем их. • Добру человек у человека учится. Ч. Айтматов. • Чем человек умнее и добрее, тем больше он замечает добра в людях. А.Н. Толстой. • Доброму все друзья. • Кто добро творит, того Бог благословит. • Поступай с другими так, как бы ты хотел, чтобы поступали с тобой. Учитель: Вот мы и очутились снова на улице Доброты.

mugalimjournal@gmail.com

Учитель: – Ничто живое не может жить без тепла, так и настоящий человек не может жить без крепкой и верной дружбы. В природе есть солнце. Оно всем светит, всех любит и греет. (Солнышко и тучка). Давайте сотворим в себе солнышко нашего дружелюбия. (Звучит “Волшебная музыка”) Учитель:

http://mugalimjournal.tk

Оздоровительная минутка “Сотворим в себе солнышко дружелюбия”.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Учитель: Мы попадаем на улицу Дружбы. Учитель: – А теперь закройте глаза, представьте себе весенний день, светит солнышко, дует тёплый ветерок, вы сидите на полянке, вокруг вас много-много цветов. Найдите самый красивый цветок. Назовите его своим именем, рассмотрите своё имя. Каждый из вас неповторим. Сделайте глубокий вдох, возьмитесь за руки, вместе поднимите руки вверх. Вот какой получился у нас сад имён! Вместе мы целая поляна! А теперь крепче возьмитесь за руки. Постарайтесь вместе одновременно встать, не отпуская рук. – Вот какой расцветающий бутон получился у нас. Бутон нашей дружбы!

Учитель: А теперь мы находимся на улице Взаимопонимания Предлагаем вам заглянуть в библиотеку и узнать. Что обозначает слово толерантность на разных языках мира 1. На испанском языке – толерантность это способность признавать чужие идеи и мнения; 2. На английском языке – толерантность это готовность быть терпимым, снисходительным. 3. На китайском языке – толерантность это быть великодушным по отношению к другим людям. 4. На русском языке – толерантность это способность терпеть что-то или кого-то (быть выдержанным, спокойным).

69


МЕТОДИКА

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

– Закройте глаза. – Представьте в своём сердце маленькую звёздочку. Мысленно направьте к ней лучик, который несёт любовь, Звёздочка увеличилась. Направляем лучик, который несёт добро. Звёздочка стала ещё больше. Я направляю к вашим звёздочкам лучики, несущие милосердие, сострадание, уважение, доброту, дружба, сотрудничество, уважение, чуткость, доверие, гуманизм, взаимопонимание, самостоятельность, сочувствие. Звёздочка стала большой, как солнце.... Оно несет всем тепло. Это звёздочка вашего дружелюбия. Откройте глаза (убрать тучку). – Частичку своего дружелюбия подарите друг другу (руки перед собой).

70

Итог занятия Учитель: Подумайте, а все ли мы обладаем качествами толерантной личности? Дети: Нет, ссоримся… Учитель: Все ли можем спокойно выслушать друг друга? Поддержать в трудную минуту? Из-за чего между вами возникают конфликты со своими друзьями, братьями или сестрами? Предлагаю вам ситуацию. Покажите, как можно решить проблему мирным путем. • Вы играете с игрушкой или в игру, а кто-то подходит и забирает ее, даже не спросив, закончили вы играть или нет. - Как поступите в этой ситуации? - Что можно сделать, чтобы сохранить спокойствие в конфликтной ситуации? - Как можно избежать драки? Дети: Обсудить проблему и разойтись, сменить тему, отложить обсуждение до тех пор, пока оба не успокоятся. • Вы играете в игру, а один из участников команды не соблюдает правила. - Как вы поступите в этой ситуации? Учитель: А я хочу вам предложить памятку, которая научит вас, как правильно вести себя в конфликтной ситуации. Памятка. • Сохраняй спокойствие, когда сердишься. • Владей собой, имей выдержку. • Имей терпение выслушать собеседника. • Спокойно объясни свою точку зрения. • Подумай, из-за чего возник спор. А теперь 1 парта выпишите на белой бумаге какие качества присущи к толерантному человеку. А вторая парта выпишите какие качества обладает толерантный человек. • Терпимость • Бессердечность • Конфликт • Сострадание • Прощение • Вспыльчивость • Желание что-либо делать вместе • Милосердие • Злорадство • Ложь • Сотрудничество • Уважение прав других • Раздражение • Принятие другого таким, какой он есть • Зависть своим близким • Не злиться • Быть добрым, терпимым • Сострадать. Учитель: «Толерантность» я изобразила в виде солнышка. Почему? Учитель: Солнце обогревает весь мир, так и толерантная личность, совершая добрые поступки, становится лучше, чище, светлее. От неё исходит добро, тепло. Вокруг неё всегда есть друзья, царит счастье. Толерантная личность понимает окружающих, всегда приходит им на помощь. Рефлексия. - Мы разные? - Мы равные? - Нам нет преград для дружбы? - Друг друга будем уважать? - Нам ссориться не нужно! Песня «Для друзей нет выходных» Учитель: Мы надеемся, что наш классный час даст начало той большой дружбе, которую вы пронесете через всю школьную жизнь.

Каким должен быть современный учитель? Искусство обучения есть искусство будить в юных душах любознательность и затем удовлетворять ее. А. Франс. Современный учитель.… Каким он должен быть? Вопрос интересный. Он должен быть родным! Но таким учитель должен быть всегда – и в прошлом, и в настоящем, и в будущем. Потому что он учитель! Труд его должен оценен по достоинству, должен быть востребованным! У Лихачёва Д.С. есть замечательные слова о том, что «учительство – это искусство, труд не менее титанический, чем труд писателя или композитора, но более тяжелый и ответственный. Учитель обращается к душе человеческой не через музыку, как композитор, не с помощью красок, как художник, а впрямую. Воспитывает своими знаниями и любовью, своим отношением к миру.» На наших глазах меняется страна, меняется и школа. Меняется и жизнь современного ученика. И учитель не должен отставать от этой бурлящей жизни. Поэтому учитель в современной школе должен быть требовательным, но справедливым и всегда давать право ученику ответить, реализовать себя. Конечно, для этого необходимо быть опытным специалистом, настоящим профессионалом своего дела. Но что главное в работе учителя? Важно быть хорошим человеком, выявлять самые лучшие качества, заложенные в душе ребенка, поощрять детей, чтобы они получали радость от приобретенных знаний. Но главное – показать ребенку мир, какой он есть на самом деле. Л.Н. Толстой сказал однажды, что хорошему учителю достаточно иметь только два качества – большие знания и большое сердце. Я думаю, что эти слова Льва Николаевича актуальны и в прошлом, и в настоящем, и в будущем. Главной задачей работы учителя в настоящее время является помогать детям получать новые знания, используя современные информационные технологии и эффективные методы обучения, а также уметь сформировать у ученика информационную компетентность, развивать у учащихся любознательность, познавательный и творческий интерес. Говоря другими словами, современный учитель не просто передает имеющиеся у него знания по какому-то предмету, а обучает детей мыслить, рассуждать, отстаивать свое мнение и уважать мнение других людей, используя знания, полученные на занятиях в школе. И конечно же, как не вспомнить слова Адольфа Дистервега: «Самым важным явлением в школе, самым поучительным предметом, самым живым примером для ученика является сам учитель. Он — олицетворенный метод обучения, само воплощение принципа воспитания». Учитель, прежде всего, должен любить детей. Это значит, что общение детьми будет ему интересно, что их суждения не покажутся учителю глупыми и скучными, что их дела будут его искренне волновать. Это значит видеть в детях – людей, наделенных вполне определенными характерами, с которыми следует считаться, но обладающими, по сравнению с вами, гораздо меньшими знаниями и жизненным опытом. Учитель должен входить в класс с улыбкой на лице и всем своим видом показывать, что он рад видеть своих учеников, рад общению с ними. Учитель должен чувствовать, что его опыт, его знания ведут за собой учеников. Он учит своего воспитанника трудиться, думать, творить, стремится к тому, чтобы ученик был его соавтором: спорил, делился мнением, выступал, отстаивал свою точку зрения. Настоящий учитель обращается к истокам народной культуры, которые обогащают человека, облагораживают его душу, учат его ценить прошлое и настоящее. Роль учителя в развитии общества всегда была чрезвычайно важной: ведь учителя передают знания следующим поколениям. Мне кажется, настоящий учитель должен быть прежде всего отзывчивым, понимающим и умеющим поддержать ученика, подбодрить его в трудную минуту. Но в то же время педагог должен быть строг и справедлив, это дисциплинирует детей и учит быть ответственными. Современный педагог сам учится на протяжении всей своей профессиональной деятельности, совершенствует свое мастерство, делится опытом со своими коллегами, проводит мастер-классы и открытые уроки, участвует в различных конкурсах, пишет статьи. Кроме того, это личность, которая умеет не только учить детей, но и сама способна учиться у своих учеников. Таким образом, учитель, как и 100 лет назад, должен быть широко образованным, добрым, интеллигентным, красивым, понимающим детей, быть всегда непредсказуем и интересен, потому что УЧИТЕЛЬ большую часть своего времени профессионально занимается воспитанием и обучением детей.


МЕТОДИКА

Мен кыргызмын! М DVD

Турсун Тилекбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясына караштуу БФЭТтин окутуучусу, ага мугалим, мугалим-методист, Эл агартуунун мыктысы.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Максаты: 1. Кыргыздын рухий жана материалдык дөөлөттөрү кыргыз турмушунун өзөгү экендигин ачуу. 2. Окуучуларга кыргыздын нукура салттарын, маданиятын, ата-бабалардын адептик акыл насаатын үйрөтүү. 3. Ар бир жаш муундун дилинде асыл нарктарды сиңирип, аларга карата ыйман-ызаат мамилени калыптандыруу. Кошумча адабияттар менен иштөөгө тарбиялоо. Жабдылышы: слайд-шоу (ДВД диск), ак калпак, комуз, боз үй, ж.б. колдонулган адабияттардын көргөзмөсү. Жүрүшү: 1. Саламдашуу: Арыбаңыздар сүйүктүү окуучулар! Ардактуу коноктор! Кыргыз таануу алкагында өтүлө турган “Мен кыргызмын” аттуу ачык класстык саатка кош келиңиздер! 2. Кыргыз Республикасынын гимни ырдалат. 3. Теманын ирээти (планы) менен тааныштыруу. а) Рухий жана материалдык дөөлөттөр кыргыз турмушунун өзөгү;

б) Улуттук идеологиянын булактары; в) Кыргыз таануу боюнча китеп көргөзмөсү. Мугалимдин кириш сөзү: Совет мезгилинде кыргыз эли жапайы,тарыхы кечээ эле башталган, маданиятты билбеген караңгы эл болгон деген идеологияга акырындап өзүбүз да ишенип баратканбыз. 25 жылдан бери эгемендүү мамлекет болуп келебиз. Канчалык жашырылса да акыры тарых тастыктап чыгат экен, бүгүнкү күндө кыргыз байыртадан эле сезими зирек, дээринен билимдүү даанышман эл экендиги барган сайын белгилүү болуп келет. Аны эң эле жөнөкөй мисалдар, дүйнөдөгү илимпоздордун илимий эмгектерин, санжыраларды кошпогондо да, дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосу, кенже эпостору, оозеки чыгармалары, этнографиялык эстеликтери, тамак-ашы, оюндары, кол өнөрчүлүгү ж.б. далилдеп турат. Кыргыз элинин келечеги оозеки философиясында (макал-лакап ж.б.), музыкасында, ою-чиймелеринде, каада-салттарында, тилинде. Мына ушуларда акыл катылып жатат, ушуларды терең үйрөнгөндө гана улуттук аң-сезим ойгонот, өнүгүп өсөт. Бул сабакты Ашым Жакыпбековдун төрт сап ыры менен ачкым келип турат. Кайын барбы кыргыз балта чаппаган, Кыржон барбы кыргыз кыргын таппаган. Кылымдарга аты калбай өчөөрдө, Кыргыз элин кыраан Манас сактаган. Эмесе, Кыргыз таанууга арналган “Мен кыргызмын” темасындагы сабагыбызды баштоого уруксат этиңиздер. (“Мен кыргызмын” ыр жаңырат) (Ырдын коштоосу менен улуттук кийимчен алып баруучулар кыз, жигит чыга келишет). Алып баруучу жигит: Байыркы ата-бабалардан бери сакталып келе жаткан кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрүн атап өтөлү (Ар бир окуучу туруп ирээти менен аташат). Кыргыздын байлыгы – Сөз (эне тили) Башаты – Мекен (Ата-журт) Байрагы – Кызыл туу Аздеги – Ат (ысым) Урааны - Манас Тиреги - Намыс Тилеги - Ыйман Батасы - “Өмүрлүү бол” Алкоосу - “Кем болбо” Сынчысы – Эл Медери - Бала Эрмеги – Комуз Канаты – Жылкы Тазасы - Суу Саламы - “Арыбаңыз” Арманы - Күү Акылы - Макал Эси - Дастан Санаты - Санжыра Пейили - Меймандостук Руху - Айкөлдүк Турагы - Боз үй Тумары - Ак калпак Тутканы – Салт Калысы – Калк

71


МЕТОДИКА

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Бермети - Ысык-Көл Бешиги - Ала-Тоо ж.б. А.б. (кыз): Мына ушул сыяктуу рухий жана материалдык дөөлөттөр кыргыз турмушунун өзөгүн түзүп, анын ары татаал, ары даңктуу өмүр жолунда өйдөдөгү өбөгү, ылдыйда жөлөгү болуп келген. (Ыр жаңырат ”Мен кыргызмын”) Мугалимдин сөзү: Балдар силер санап өткөн кыргыздын рухий жана материалдык дөөлөттөрүн терең окуп үйрөнүү кыргыз таануу деп аталат. Биз кыргыз таануунун айрым бутактарына токтолуп көрөлү. Сөз силерде балдар. 1.Кыргыздын байлыгы – сөз (эне тили). Ким барктаса өз энесин, өз тилин, Барктай билет дүйнө элин. А.б. (жигит): Ар улуттун энеси улуу, тили улуу, Өйдө-ылдый деп айта албайбыз эч бирин Уккун мени кыз-уландар, жаштарым, Ушул сөзүм жадыбалдай жаттагын. Тилди тилге, эне менен энени Чаташтырбай өз өзүнчө барктагын. А.б. (кыз): Мекен тили - Ата журттун кареги, Кыргыз болуп туулган соң, кыргыз боло берели. 2. Кыргыздын урааны - Манас. Акын болбойт талантсыз, Шумкар болбойт канатсыз. Дал ошондой кыргыз да, Даңктуу болбойт Манассыз. (Манастан үзүндү айтылат). 3. Кыргыздын турагы - боз үй. Боз үйдүн бурчу да жок, дубалы жок, Босого мындан башка чубагы жок. Туурдугу бороон чапкын тосуп турат, Түндүгү Көк-Теңирге кошуп турат. (Боз үй жөнүндө маалымат). 4. Кыргыздын тумары – ак калпак. Баш кийим бардык элде бар, Байыртан жашап келди алар. Атадан калган балага, Андан да кымбат эмне бар? Ала-Тоо кийген бир элди, “Айтып бер” десең мен даяр. (Ак калпак жөнүндө баян). Кыргыздын кийим-кечектери үчкө бөлүнөт: баш кийим, сырт кийим, жеңил кийимдер, бут кийимдер болуп... Баш кийимдер, анын ичинен кыргыздын тумары болгон ак калпак жөнүндө сөз кылгыбыз келет. Кыргыз десе, Ак калпак эске келет. Кыргыз элин Ала-Тоолук, ак калпактуу деп белгилеп айтышат. Ак калпак - ардактуу баш кийим. Ал жөнөкөй да, шаңдуу да көрүнөт. Уздук тап менен бат тигилет, аны уздар жаратат. Калпактын жердиги - колдо уютулган ак кийиз. Калпактык кийиздин төрт талаасын бириктирүүгө кыюусу келет. Борку, этеги чогуу болот. Ушундан улам калпак кадысы этектүү, борку бийик, шиштегей болуп шаңдуу, көрктүү көрүнөт. Калпак жаз, жай, күз мезгилдеринде кийилет. Калпактын өзү эле адамдын жаш өзгөчөлүктөрүн аныктаган. Жигиттер сыйда чырашы бар: төрт талаасы төп келген кызыл, жашыл кыюулары түшкөн калпак кийишкен. Орто жаштагылардын ак калпактарынын кыюулары кара, күрөң кездемелерден тигилген. Ата-бабалардын акыл-насааты боюнча ак калпак, баш кийим жерде жатпайт, тепселбейт. Адатта төрт бүктөлүп уукка кыстарылган. Атайын текчеде турган. Элдик шартта жылаңбаш жүрчү, отурчу эмес. Баш кийимди бирөөгө беришпеген, баш кийим берген

72

Менин тайганым.

Жаш манасчы Үмөт.

башын бергенге тете деп эсептешкен. Кыргыз элинде ак калпактын баалуулугун арттыруу максатында «5-март - ак калпак күнү» деп белгиленип келет. 5. Кыргыздын эрмеги – комуз. Үч буроо жалгыз тээк, үч кыл комуз, Чертилбейт күүгө келбейт чебер колсуз. Опоңой көргөн көзгө жөпжөнөкөй, Бирок да өнөрү бар айтып болгус. (күү чертилет) 6. Кыргыздын пейили - меймандостук. Элибизге мейман келсе, жайылат ак досторкон, Дүйүм тамак шербет мейиз, санат алма жыттанган. Кыргыз жери тоодой бийик колдой тунук, тептерең, Колдо барын төгүп, чачып аябаган коноктон. (Меймандарга боорсок коюлуп, айран же кымыз сунулат) А.Т.: Бардык тамактардан нан улук болуп эсептелген, кыргыз эли мал менен оокат кылып келгендиктен, айран же кымыз сунулган. Мындай салт эч бир элде жок. 7. Кыргыздын тутканы - салт. Үрп-адат, каада-салтын кыргызымдын, Эски деп урпактары чанбаса экен. Баалуулугун сактайм деп улуу элдин, Далай кыргыз аянбастан жанын берген. (Турсун) Кыргыз адамы төрөлгөндөн баштап, өмүрүн каада-салттар коштоп келет. Айталы: Сүйүнчү айтуу, жентек берүү, бешикке салуу, сүннөткө отургузуу, достошуу, куда түшүү, кыз узатуу ж.б. Жогоруда айтылып өткөн каада-салттардын ичинен достошуу салтына токтолгум келет. Дос күтүү – достошуу. “Кудай кошкон куда болот. Пайгамбар кошкон дос болот ” деп, айтылат эл макалында. Достошуу - көңүлү жакындардын бара-бара теңтуштуктан ашып, бири-бирине катыш жасоолору. Мындай шартта ойпикирлеринин орток болуулары, абалдарын алдыдан баамдашып, жардамдашууга даяр туруулары менен өзгөчөлөнөт. Достошуунун шартында алдыларына ат тартылат, үстүлөрүнө чепкен жабылат. Достордун эң мыктысы “Анттуу дос” делет. Тактап айтканда, бул үчүн шилекей алышат, чыбык кыркышат, чыпалактын канын сорушат, айрым аймактарда туз жалап, нан тиштешет. Мындай досторго мисалдар көп. ”Курманбек” кенже эпосунда кыргыз Курманбек менен калмак Аккандын досчулугу кийинки муундар үчүн үлгү боло алат. Ушундан улам эң эле ынтымагы таш жарган досторду “Аккан достор” деп коюшат. Жакшы адамдар дос болушса, алганбергенге анча көңүл бурушпайт. 8. Кыргыздын күрөшү - мээнет. Кол өнөрчүлүктүн түрлөрү: саймачылык, кийизчилик, жыгаччылык, теричилик, темир устачылык, куракчылык, зергерчилик ж.б. Слайд коштойт (Слайд боюнча маалымат берилет) 9. Кыргыздын калысы - калк. Кыргыздын улуттук оюндары: күрөш, атчабыш, жорго салыш, кыз куумай, тыйын эңмей, көк бөрү ж.б. (Кыргыздын оюндары - слайдда көрсөтүлөт) 10. Кыргыздын касиети - нарктуулук. Айкөлдүк Ыймандуулук Мекенчилдик


МЕТОДИКА Жоомарттык Боорукердик Акылмандык Тууганчылык Сабырдуулук Тырышчаактык Сарамжалдуулук Ишенчээктик Кең пейилдик Чечендик Санжырачылык ж.б. Мугалим: Кыргыздын касиеттерин санай берсек, мындан да көп. Ар бир касиетине кененирээк кийинки сабакта токтолобуз. Сабактын 1-жана 2-бөлүгүн жыйынтыктап жатып, ар бир кыргыз баласы акчага да, алтынга да алмашпай, кастарлап сактап кала турган асыл-нарктарды санап өттүңөр. Биз бүгүнкү сабакта кыргыздын улуттук идеологиясынын өзөгү болгон рухий жана материалдык дөөлөттөрдү атап өткөнгө гана жетиштик. Демек, кыргызмын деп айтыш оңой, кыргыз болуш оңой эмес экендигин баамдадык. Сабагыбыздын 3-бөлүгүндө 23-апрель китеп жана автордук күн болуп белгиленип келе жаткандыгы белгилүү. Биздин жан досубуз болгон жана “Мен кыргызмын” темасындагы сабакка даярданууга жардам берген китептер көргөзмөсүнө көңүл бөлөлү. (Китеп көргөзмөсүнүн максаты жана ар бир китеп жөнүндө маалымат берет). Сабактын жыйынтыгында айткым келет “Мен кыргызмын” темасы бүтпөгөн сабак, улана бермекчи. Бар бол ажайып кыргыз урпагы! Сабакка ынтызаарыңар менен катышканыңар үчүн, балдар силерге ыраазычылык айтам. Сабакка катышкан ардактуу конокторго чоң ыраазычылык айтуу менен кийинки сабакта жолугушканча cак cаламатта болуңуздар!

Комузчу Шабдан.

Эки муун.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

Тушоо кесүү.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Тыйын эңүү.

73


МЕТОДИКА

Экологиянын булганышы, озон катмарынын бузулушу - XXI кылымдын глобалдык проблемасы М DVD

Рапыш Абакирова, №77 мектептин биология мугалими, Эл агартуунун мыктысы, Бишкек шаары.

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Билим берγγчγлγк максаты:

74

Өнγктγрγγчγлγк максаты:

Тарбиялык максаты: Окучуулар экологияны Окуучулар экологиянын Жаратылышты тең салмаксγйγп, ага этият мабулганышы, озон катмарынын туулукта сактап калуу жана миле жасоого, жашап бузулушу жана башка эколо- γнөмдγγ пайдалануу керек экен- жаткан адамдардын гиялык жагымсыз таасирлер- диги жөнγндө окуучулар билим жана өз ден соолугуна дин тγрлөрγ жөнγндө кеңири деңгээлдерин өркγндөтγшөт. кам көрγγгө, коопсуздук талкуу жγргγзγп, ойлорун эрежелерин сактоого, айтышат. жоопкерчиликтγγ болууга тарбияланышат, алган билимдерин турмушта пайдалана алышат.


МЕТОДИКА Сабактын тиби: окуучулардын билимин системалаштыруу, жалпылаштыруу Сабактын формасы: сабак–семинар Сабактын методу: интерактивдγγ метод Стратегиялары: акыл чабуулу Презентациялоо Сабактын предмет аралык байланышы: экология, биология, химия, физика, медицина, психология, педагогика, география, генетика, математика ж.б. Сабактын жγрγшγ: (45 мин.) 1. Сабакты уюштуруу: (1–2 мин.) Экологиянын булганышы боюнча мугалимдин кириш сөзγ I. Сабактын байланыштыруучу бөлγгγ (5 мин.) II. Сабактын негизги бөлγгγ (20–25 мин.) 1-доклад. Жалпы экология. Тема: Экология. Экологиянын бузулуу себептери. Озон катмары. Озон катмарынын бузулушу - XXI кылымдын көйгөйлүү маселеси. Жаратылыш чөйрөсү: Аба: Аба - бул тирүү организмдердин жашоосундагы негизги чөйрө. Аба организмдин таянычы жана жолоочусу. Абасыз туруп, чуркап, учуп, жүрүү мүмкүн эмес. Суу: Суу - тиричиликтин булагы жана биосферанын бардык мейкиндиктеринде жолугат. Суу дарыяларда, деңиздерде, океандарда гана жолукпастан, ал абада, жер кыртышында жана бардык тирүү организмдердин денесинде да кездешет. Бирок суунун организмдеги өлчөмү бирдей эмес. Жер кыртышы: Жер кыртышы тирүү организмдер үчүн негизги чөйрө, бул чөйрөдө өз ара биримдикте сууда, жерде, абада жашоого ыңгайланышкан организмдер жашайт жана ошондой эле булар менен бирге биологиялык ар түрдүүлүктөр жаратылыш чөйрөсүн түзүшөт. Глобалдык көйгөйлөр: Климаттын өзгөрүшү. Бул жаратылыш чөйрөсүнө тескери таасирин тийгизет. Мисалы, температуранын жогорулашы же төмөндөсү, нымдуулук, же тескерисинче, кургакчылык жаратылыштагы бардык организмдер үчүн тескери таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан бул глобалдык маселе болуп калат. Озон катмарынын бузулушу азыркы мезгилде, тагыраак айтканда XXI кылымда эң негизги маселе болуп эсептелет... Озон катмарынын бузулушу же тешилиши адам затынын өмүрүнө коркунуч туудурат. Анын бузулушунун натыйжасында күндүн ультрафиолет нурлары жерге түшүп, жердеги организмдердин жашоосун өлтүрөт, ар кандай ооруларды пайда кылдырат. Деңиздер жана океандар. Азыркы мезгилде деңиздер менен океандардын булганышы, аларга төгүлгөн таштандылар, нефть, ар кандай уулуу заттар алардын составын бузуп, андагы жашаган организмдердин жашоосуна тоскоолдук кылууда. Азыркы күндө бул маселе бүткүл дүйнөлүк, эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп калды. Чөлдөшүү процесси кийинки мезгилде ылдам жүрүп келе жаткан процесстердин бирине айланды.Температуранын жогорулашы менен кошо токойлордун кыйылышы, озон катмарынын бузулушу менен кошо суунун бузулушу өсүмдүктөрдүн өсүшүнө тоскоолдук кылып, чөлдөрдүн саны көбөйүүгө дуушар болду. Эң негизинен, глобалдык көйгөйлөр жагымсыз таасирлердин натыйжасында пайда болот.

Озон катмарын коргоого болгон чаралар

mugalimjournal@gmail.com

Озон тешигинин ачылышы Озон тешиги – озон катмарындагы озондун концентрациясынын азаяшы. Илимдеги теорияга таянсак, ХХ кылымдын экинчи жарымынан баштап антропогендик фактордун таасиринин өсүшү

http://mugalimjournal.tk

Озон катмарынын начарлашы Жер шарындагы бүткүл жашоону коркунучка алып келген экологиялык проблема болуп эсептелет. Мунун негизги себеби катары адамдар тарабынан фреон затынын колдонулушун белгилешкен. А фреон деген эмне жана ал кайда колдонулат? 1990-жылы Шервуд жана Роуленд «Амбио» журналында белгилегендей, алгач көп колдонулбаганы менен, коррозияга туруктуулугу, уулуу эместиги, тез күйүүчү болбогондугу жана көптөгөн башка заттар менен реакцияга кирбегендиги үчүн 1950-1960-жылдар ичинде турмуш-тиричилик техникаларын өндүрүүдө фреон заты кеңири колдонула баштаган. Мисалы, кадимки муздаткыч, кондиционер жана дезодоранттарды чыгарууда кеңири колдонулган фреон газы абага таралып, озон катмарынын бузулушуна алып келет. Фреон затын камтыган негизги нерселердин тизмеси: 1. Катуу пенопласттар; 2. Паралон; 3. Муздаткычтын муздатуу системасы; 4. Авто жана үй кондиционери; 5. Эриткичтер; 6. Стерилизатор; 7. Өрт өчүргүч суюктуктар; 8. Аэрозол баллону. Пайдалуу тармак болгондуктан, бул өндүрүштүн ишмердүүлүгү алгач салынган тыюуларга карабастан, АКШда, Канадада жана Швецияда көпкө чейин токтобогон. 1987-жылы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Монреал протоколуна кол коюшкан. Документте эң зыяндуу хлор, фтор жана көмүртектердин жана аларды өндүргөн өлкөлөрдүн тизмеси такталган жана аларды колдонуу жана көлөмүн азайтуу чечими кабыл алынган. 1990-жылы Лондондо бул протоколго өзгөртүү киргизилген. 1995-жылы жогорудагыларды эки эсе азайтуу каралып, ал эми 2000-жылы таптакыр колдонуудан алуу чечими кабыл алынган. Бул долбоорду ишке ашыруу жана дүйнө жүзү боюнча фреондорду зыянсыз заттарга алмаштыруу үчүн 100 миллиард АКШ долларынан ашык каражат сарпталган. Озон катмарынын абалын дүйнө окумуштуулары космостук спутниктер жана атайын учак-лабораториялардын жардамы менен байкоого алышкан. «Учурда экологиялык жактан зыянсыздандырылган фреондор ойлоп табылып, колдонулуп жатат. Ошого карабастан, «озон катмарынын абалы кыйчалыш деңгээлде» деп эсептешет адистер. Себеби, окумуштуулардын айтуусуна караганда, ушуга чейин атмосферадагы топтолгон фреон газы дагы 100 жыл бою озон катмарынын бузулушуна түздөн-түз таасирин тийгизе бериши толук мүмкүн.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Жагымсыз таасирлер: Урбанизация - бул шаарлардын өсүшү. Шаарлардын өсүшү менен кошо бийик-бийик имараттардын курулушу, завод-фабрикалардын өсүшү, алардан чыккан ар кандай заттар,түтүндөр булардын баары жагымсыз таасирлер болуп эсептелинет. Ызы-чуу - бул адамдын психикасын бузган жагымсыз таасир. Калдыктар буларга күнүмдүк турмуштан чыккан адамдардын калдыктары,курулуш, өнөр жайлардан, медицина жайлардан чыккан калдыктар ж.б.у.с булар да жагымсыз таасирлердин катарын толукташат. Химиялык заттар. Эң негизги экологиянын бузулушуна,организмдердин жок болуп кетүүсүнө, ар кандай оорулардын пайда болушуна түздөн-түз химиялык заттар тескери таасирин тийгизет. Радиактивдүүлүк. Бул экологиялык жөнөкөй көзгө көрүнбөгөн заттар.Табияты боюнча эки жол менен пайда болот. Биринчиси, жерге тийген күн шооласынан, экинчиси, жердеги тоо-тектеринен бөлүнүп чыгуучу кубаттуу нур.

2-доклад Озон деген эмне? 1. Озон катмары. 2. Озонду коргоого болгон чаралар. Озон – бул газ, ал күндүн кыска ультрафиолет нурлары кычкылтектин молекулаларын бомбалагандан кийин, алар бөлүнүүгө учурап озон пайда болот. Озон –«жыттуу» дегенди түшүндүрөт. Озон голландиялык физик Мак Ван Марум тарабынан 1785-жылы ачылган. Озон - кескин жыты бар, өңү көк, жогорку активдүү химиялык элемент болуп эсептелет. Озон катмары бизди, Жер планетасындагы бардык тирүү организмдерди, күндүн зыяндуу нурларынан сактап турат. Озон жерден 50 чакырым бийиктикте жайгашкан. Окумуштуулар озонду учак-лабораториялардын жана космостук учактардын жардамы менен текшерип турушат. Алардын айтымында, 1980-жылдан бери озондун концентрациясы туруктуу түрдө азая баштаган. Озон катмарынын жукарышы бүткүл жашоону коркунучка алып келе турчу глобалдык, экологиялык проблема болуп эсептелет. Мунун негизги себеби фреон затынын колдонулушун белгилешкен. 1990-жылы Шервуд менен Роуленд «Амбио» журналында белгилешкендей, фреон – коррозияга туруктуулугу, уулуу болбогондугу жана көптөгөн башка заттар менен реакцияга кирбегендиги үчүн 1950-1960-жылдары турмуш-тиричилик техникаларды өндүрүүдө кеңири колдонула баштаган. Ал эми анын колдонулушу, озонго аябай зыян. Азыркы учурда фреон затын башка заттар менен алмаштыруу жүрүп жатат, бирок окумуштууулардын айтымында, канчалык чаралар көрүлбөсүн, коркунуч дагы деле сакталууда.

75


МЕТОДИКА

менен озон катмарынын алсызданышы, начарлашы билинерлик даражада өсө баштаган. 1974-жылы америкалык окумуштуулар: Марио Молина жана Шевпуд Роуленд Жердин коргоочу катмарынын мындай абалга келишине адамдардын иш-аракети себеп болгон деп айтып чыккан. Көп өтпөй эле, 1985-жылы, британиялык окумуштуулар: Дж. Шанклин, Дж. Фармен жана Б. Гардинер биринчи жолу түштүк-чыгыш жарым шарындагы Антарктиданын үстүнөн 1000 чакырымдан ашык аянтты ээлеген озон тешиги пайда болгонун таап чыгышкан. «Nature» журналына берилген маалыматтарга караганда, бул Жер шарынын озон тешиктеринин эң ириси болгон. Бул алардын америкалык кесиптештеринин айтканына айкын далил болгон. «NASA» Улуттук космостук агенттигинин билдиргенине караганда, Антарктиданын үстүндөгү озон тешиги чоңоюп баратат. Учурда озон тешигинин аянты Түндүк Американын аянты менен барабар. Окумуштуулар бул көрсөткүчтүн төмөндөшүнөн күмөн санашат.

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

3-доклад Озон тешигинин пайда болуу себептери Негизинен озон тешигинин пайда болушу бир топ факторлордун бирдиктүү аракетинен улам болот. Антропогендик жана табигый себептерден улам озон молекуласы ар кандай заттар менен (негизинен хром жана бром заттарын камтыган газдар) реакцияга кирип, баштапкы абалынан өзгөрүп, өз функциясын аткарбай калат. Мисалы, абадагы хлордун концентрациясы озон катмарына 15-25 пайыз, бром 20-40 пайыз, ал эми галогендер 40-50 пайыз таасир этет. Ошол эле хлордун абада көбөйүшү 80 пайыз адамдын иш-аракетинин негизинде болот. Мисалы, нефть продукцияларын колдонуудан, ар кандай өнөр жайлардан чыккан газдар. АКШда унаадан гана чыккан газдын көрсөткүчү 63 пайызга туура келет. Мындан тышкары, уюлдук кыш учурунда Күндүн ультрафиолеттүү нурунун тийбеши, натыйжада, жогоруда айтылгандай, кычкылтектин молекуласынын бөлүнүшү жана озон молекуласынын (О3) пайда болушу сейректейт.

76

Натыйжасы Озон катмарынын начарлашы менен күндүн зыяндуу нурларынын жерге өтүшү артат да, адамдарда ар кандай оору менен ооругандардын саны өсөт. Мисалы: 1. Белоктордун бузулушу; 2. Иммундук системанын начарлашы; 3. Теридеги күйүктүн же рактын пайда болушу; 4. Көздүн инфекциялык ооруларынын, фотокеротозиздин (снежная слепота) пайда болушу; 5. Аллергиялык оорулардын пайда болушу; 6. Мутагендик өзгөрүүлөрдүн пайда болушу. АКШнын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттигинин билдиргенине караганда, АКШда озон катмарынын бузулушу менен үч түрдөгү рак оорусунун артышы байкалган. Экөөсү кеңири таралган теринин рак оорусу. Учурда бул дарт менен 500 миң америкалык ооруйт. Ал эми үчүнчү түрү коркунучтуу болуп эсептелет. Жылына 25 миң адам ооруйт. Бардык рак оорусу менен ооругандардын өлүмүнүн 65 пайызы үчүнчү түрүнө туура келет. Өсүмдүктөргө тийгизген таасири

Өсүмдүктөрдүн ультрафиолеттүү радиацияны көп сиңирип алуусу алардын жалбырагынын кичирейишине жана өсүү темпинин төмөндөшүнө алып келет. Мериленд университетинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, өсүмдүктөрдүн 3/2си ультрафиолеттүү радиацияга сезгич келгени байкалган. Алардын басымдуу бөлүгү отоо чөптөр болгон. Жыйынтык Адамдардын табиятка таасир этүүсү жыл өткөн сайын жогорулап барат. Мындай нукта кете берсе, атмосферага жана анын белгилүү бир катмарларына орду толгус зыян алып келиши толук мүмкүн. Мисалы, жөнөкөй турмуш-тиричиликте колдонулган химиялык кошулмалардын (аэрозоль ж. б.) озон үчүн чоң зыян алып келерин эч ким деле этибарга албаса керек. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, озон катмарын сактап калуу боюнча канчалаган аракеттер көрүлгөнүнө карабай, коркунуч дагы деле сакталууда. Кызыктуу фактылар: • Озон катмары уюлдарда 8 чакырымдан, экватордо 17 чакырымдан башталат да, 50 чакырым бийиктикке чейин созулуп жатат. Бирок анын тыгыздыгы өтө төмөн. Эгер нормалдуу басым (760 мм. см. мам.) жана температурада (0°С) озон катмарын вертикалдык түрдө кыса турган болсо, калыңдыгы болгону 3,5 мм. болмок. • 1998-жылдын жаз айында Түштүк уюл аймагында озон тешигинин аянты рекорддук көрсөткүчкө жеткен, башкача айтканда, 26 млн. чарчы чакырым аянтты ээлеген. Бул болжол менен Австралиянын аянтынан үч эсе чоңдук кылат. • Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, Кыргызстан озон молекулаларынын жетишсиз болгон аймагында жайгашкан. Озон молекуласынын катышынын жогорку чекке жеткен учуру (башкача айтканда, Күндүн зыяндуу нурларынан жакшы коргой турган учур) көбүнчө кыштын аягында, жаз келери менен болот. Ал эми күзүндө бул көрсөткүч кыйла азаят. • 1990-жылдардын биринчи жарымында озон тешигинин аянты 15 млн. чарчы чакырым болгон. 1995-жылы ал 20 млн. чарчы чакырым, ал эми 1999-жылы бул көрсөткүч 25 млн. чарчы чакырымга жеткен. • Орто эсеп менен 1979-жылдан 1990-жылга чейин озон курамы 5 пайызга төмөндөгөн. Ал эми 1992-жылы Антарктиданын үстүндө озондун концентрациясынын төмөндөшү 90 пайызга чейин болгон. 4-доклад Жогоруда айтылгандай, озон катмары жер жүзүнө абдан маанилүү нерсе. Озон медицина тармагында дагы кеңири колдонулат. Ал —озонотерапия, б.а. озон менен дарылоо жолу деп аталат. Европа жана АКШ өлкөлөрүндө өнүккөн. Кыргызстанда жакында гана колдонууга кирип, Бишкек шаарында озон менен дарылоочу жалгыз гана бир медициналык борбор бар. Озонотерапия көп дарттарга, өзгөчө жер титирөөдөн жабыр тарткандарга стресстик жаракат алгандарды профилактикалоодо жана дарылоодо, жыныстык ооруларга жана малдардан жукчу эхинокок, брюцеллез дарттарына эм болот. Мында кислород толтурулган баллондон кислород озонаторго түшүп, озонатордон озон бөлүнүп чыгат. Атайын бөлмөнүн ичи озон менен кислородго толтурулуп, оорулуу андан дем алат. Дем алганда дем алуу органдары аркылуу озон канга барып, кандагы микробдорду, бактерияларды, вирустарды өлтүрүп, адамдан тер аркылуу, заара-заң аркылуу чыгып кетет. Озонотерапия курсунан өткөн ар бир адам химиялык дары-дармектердин колдонуусун азайтуу керек жана ар дайым доктурдун көзөмөлүндө болушу зарыл. Мындан башка эч кандай зыяны жок. Озонотерапия медицинанын ар кандай тармагында колдонулат. Косметология бөлүмүндө кеңири колдонулат. Беттеги, колдогу бырыштарды кетирүүдө жардамы чоң. Дары-дармектери, ийне менен дарылоодо көбүнчө дерматология бөлүмүндө колдонулат. Адамдын жүзүндөгү жагымсыз нерселерден арылуудан, таз болуп калышынан дарылоодо абдан эффективдүү. Озонотерапия дегеле адам баласынын бүткүл организмине жардамын тийгизбей койбойт. Мисалга алсак, эң негизги орган жүрөк ооруларын дарылоодо жана салмак түшүрүүдө колдонулушу кеңири тараган жана мындан башка кант (сахарный) диабет оорусуна эм болот. Вирусология, урология, гинекология жана стоматология бөлүмдөрүндө кеңири колдонулат. Бир катар баарыбызга белгилүү гепатит, язва, гастрит дарттарын дарылоодо жардамы аз эмес. Кыргызстанда озонотерапия дарылоо жолун өнүктүрүү үчүн эң негизгиси каражат жана адистер зарыл. Ошондой эле экологиянын таза болушу адам баласынын ден соолугунун чыңдалышына түздөн-түз шарт түзүп берет.


МЕТОДИКА 5-доклад Алгачкы жылдардагы экология Азыркы учурда эң эле глобалдуу проблемалардын бири болуп экологиянын бузулушу саналат. Алгачкы жылдарды айта кетсем, жаратылыш чөйрөсү таза болгон. Кыргыз эли илгертен эле көчмөн калк болгондуктан, көчүп конуп боз үйлөрдө жашаган. Транспорт катары ат жана төө менен жүрүшкөн. Өсүмдүктөрдү селитрасыз, химиялык заттарсыз табигий түрдө өстүрүшкөн. Кымыз, сүт ичишкен, ден соолугу чың болгон.Тамакты отко жасап келген. Элдик медицина колдонушкан, дары чөптөр менен дарыланып, сыныктарды табыптар дарылаган. Азыркы кезде химиялык ар кандай кошулмалар көбөйүүдө. Мутация жок болгон. Убакыттын өтүшү менен техниканын туу чокусуна жетип жаткан учуру автомашиналардын, АЭС,ТЭЦтердин көбөйүшү экологиянын бузулушуна алып келүүдө. Жаратылыш чөйрөсγ: Аба Суу Топурак Биологиялык ар тγрдγγлγк Жагымсыз таасирлер: Урбанизация Ызы–чуу Калдыктар Химиялык заттар Радиоактивдγγлγк Экономика курчап турган чөйрө: Энергетика Транспорт Өнөр жайы Айыл чарбасы Токой чарбасы Туризм Глобалдык көйгөйлөр: Климаттын өзгөрγшγ Озон катмарынын бузулушу Кычкылдануу жана кычкылдантуу Деңиздер жана океандар Тоолор жана мөңгγлөр Чөлдөшγγ Баалуулуктар: Керектөө коому Саламаттык жана курчап турган чөйрө Жарандардын укуктары Келечектеги биздин планетабыз III. Сабакты бышыктоо: №1 синквейн №2 синквейн Озон катмары боюнча суроо–жооптор. Кластер тγзγγ Тест менен бышыктоо. Венндин диаграммасы. Жандуу жана жансыз жаратылыш боюнча IV. Жыйынтыктоо бөлγмγ (5 мин.) . Инсерт . Окуучулардын суроолоруна жооп берγγ . Өтγлгөн теманы жалпылоо . Окуучулардын билимин баалоо V. Үйгө тапшырма берγγ

Окуучулар γчγн тγзγлгөн тесттер 1. Ультрафиолет нурдануунун жутуучу озон атмосферанын кайсы жактарында турат? . Тропосфера . Стратосфера . Мезосфера . Термосфера 2. Бул абаны булгоочулардын кайсынысы рак менен ооруп калуу коркунучун жогорулатат? . Кγкγрттγн кычкылдары . Озон . Азоттун кычкылдары . Диоксиндер 3. Борбордук Азиянын өлкөлөрγнγн кайсынысы суу менен камсыздалууда көп өлчөмдө көз карандысыз болуп саналат; анын суу ресурстарынын көп бөлγгγ өз территориясында калат? . Казакстан . Кыргызстан . Тγркмөнстан . Өзбекстан . Тажикстан 4. Топурактын тγзγлγγсγнө төмөнкγ факторлор таасир этет? . Тоо тектеринин геологиялык курамы жана рельеф . Жандуу организмдер . Климат . Бардык саналган факторлор 5. Төмөндө келтирилгендерден эмне биологиялык ар тγрдγγлγк γчγн олуттуу коркунуч болуп саналат? . Жашоочу жерин жоготуу . Булгануу . Ресурстарды ашыкча эксплуатациялоо . Бардык көрсөтγлгөндөр . 6. Ызы–чуудан эң көп жайылган натыйжа төмөнкγ болуп саналат? . Кыжырдануу . Уйкунун бузулушу . Сγйлөшγγ γчγн тоскоолдук . Психофизиологиялык натыйжалар 7. Азыркы коомдо бардык калдыктардын 80 % чыгаруучу болуп төмөнкγлөр саналышат? . Айыл чарбасы . Өнөр жайы . Тоо кен казып алуучу сектор . Бардык көрсөтγлгөндөр 8. Курчап турган чөйрөнγн радиациялык булганууларынын булактарынан болуп төмөнкγлөр саналат? . Тоо–кен металлургиялык өнөр жайынынын калдыктары . Уран кендерин өндγрγγ жана кайра иштетγγ . Ядролук полигондор . Ядролук реакторлордун калдыктары . Бардык айтылгандар

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

77


МЕТОДИКА

Жалал-Абад облусу география М DVD

Гүлмира Ырсалиева, география сабагынын мугалими.

Сабактын максаттары: Билим берγγчγлγк максаты:

Өнγктγрγγчγлγк максаты:

Жалал-Абад облусунун физикалык географиялык абалы, табияты, калкы, өнөр жайы, транспорту, социалдык тармактары боюнча билим алышат.

Логикалык ой жүгүртүүлөрүн, сөз байлыктарын өнүктүрүшөт. Илимий тилде туура,так сүйлөй алышат. Карта менен иштей алышат.

Тарбиялык максаты: Мекенчилдикке тарбияланышат. Алган билимдерин турмушта колдоно алышат. Алтын эрежени сакташат.

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Сабак максатына жетти дейбиз, эгерде окуучу:

78

Билим берγγчγлγк максаты: Жалал-Абад облусунун физикалык географиялык абалы, табияты, калкы, өнөр жайы,транспорту, социалдык тармактары боюнча билим алышса.

Өнγктγрγγчγлγк максаты: Логикалык ой жүгүртүүлөрүн, сөз байлыктарын өнүктүрүшсө, илимий тилде туура, так сүйлөй алышса. Карта менен иштей алышса.

Тарбиялык максаты: Мекенчилдикке тарбияланышса, алган билимдерин турмушта колдоно алышса, алтын эрежени сакташса.


МЕТОДИКА Сабактын илимийлүүлүгү: Кооз жайларынын сүрөтү, таблицалар аркылуу. Сабактын тиби: Жаңы материалды окуп үйрөнүү. Сабактын формасы: Топко бөлүү. Колдонулуучу методдор жана ыкмалар: Репродуктивдүү, көрсөтмөлүү. Сабактын жабдылышы: Кыргыз Республикасынын саясий картасы, Жалал-Абад облусунун картасы, буклет, түстүү барактар, ватман, скотч, видео, карточка, слайд. Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. а) Учурашуу, келбеген окуучуларды жоктоо, журнал толтуруу. б) Жагымдуу маанай тартуулоо. Балдар биздин бүгүнкү сабагыбыз өзгөчө сабак. Анткени сабагыбызда конокторубуз бар. Кыргыз элинде үйүнө конок келсе, сый-урмат көрсөтүшөт. Биз дагы конокторубузга кызыктуу сабак өтүп берели. Демек, бул биз үчүн абдан жагымдуу. 2. Кайталоо: үй тапшырма: Ош облусунун шаарлары. Мугалим: Биз бүгүн топтор боюнча иштейбиз. Доскада эки түстөгү (сары, жашыл) кагаздар турат. Ар бир окуучу өзүнө жаккан өңдү тандап алса болот. Окуучулар: Мугалим айткандай тандап эки топко бөлүнүп олтурушат да, ар бир өңдүн өзгөчөлүгүнө токтолушат. 1-топ жашыл, 2-топ сары. 1-тапшырма: Сандар менен иштөө.

1-топ. Кара-Суу шаары

2-топ. Ноокат шаары

720-780 м.

2003-жыл

24 км.

50 км.

21,9 миң

1280 м.

7

14,3 миң

1960-жыл

1970-жыл

Кайсы топ биринчи даяр болсо, кол көтөрөт да алтын түстөгү, экинчи топ күмүш түстөгү баракчага ээ болот. 2-тапшырма: Карточка боюнча суроолорго жооп бергиле. 1. Ош шаарынын тарыхы боюнча айтып бергиле. 2. Өзгөн шаарынын социалдык тармактары боюнча айтып бергиле. Жаңы тема: Жалал-Абад облусу. ББКБ стратегиясы боюнча иштейбиз. Жалал-Абад облусу боюнча буга чейин билгендерин айтышат, андан кийин эмнени билгилери келерин айтып ватманга жазабыз. Географиялык абалы: Кыргызстандын түштүк-батыш бөлүгүн ээлейт. Түндүгүнөн Талас, Чүй, чыгышынан Нарын, түштүгүнөн Ош облусу, батышынан жана түштүк-батышынан Өзбекстан менен

чектешет. Облустун аймагынан рельефтин бардык формаларын: бийик тоолор, орто бийиктиктеги тоолор, жапыз тоолор, тоо аралык өрөөндөр жана жантайыңкы түздүктөрдү көрүүгө болот. Облустун деңиз деңгээлинен бийик жери 4503 м., (Чаткал тоосунун Авлетим чокусу). Эң жапыз жери 600 м., (Базар-Коргон районунун аймагында). Аймактагы тоолор: Фергана, Ат-Ойнок, Бабаш-Ата жана Чандалаш тоолору. Облустагы негизги өрөөндөр: Чаткал, Тогуз-Торо, Кетмен –Төбө. Жалал-Абад облусу 1939-жылы 21-ноябрда облус катары негизделген. 1959-жылы 27-январда жоюлуп, Ош облусунун карамагына кирген. 1990-жылдын 14-декабрында кайра өз алдынча облус болгон. Учурда Жалал-Абад облусунда 8 административдик район бар. (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал). Мындан тышкары, жети шаар, жети шаарча, 420 айыл бар. Облустун аянты 33,7 миң км. (16.9 %). Калкы 869,3 миң киши (18,0 %, 2010). Табияты: Жалал-Абад облусунун табияты абдан кооз. Облус рекреациялык ресурстарга бай. Аймакта Арстанбаб, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма, Сары-Челек, кооз жерлер бар. Кен байлыктарга да бай. Кен байлыктын 2-топ. Ноокат шаары аты Алтын

Макмал, Куру-Тегерек, Сандык

Таш көмүр

Көк-Жангак, Таш-Көмүр

Нефть жана газ

Чаңгыр-Таш, Майлы-Суу, Избаскен, Кочкор-Ата.

ГЭСтер

Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Камбар-Ата, Үч- Коргон, Таш-Көмүр.

Калкы: Жалал-Абад облусунун калкы 869,3 миң киши (18%). Жалпы калктын 23,1% шаар калкы түзөт. 76,9 % айылдык калк. Калктын саны боюнча Ош облусунан кийин экинчи орунда турат. Көп улуттуу. Облуста кыргыз, орус, өзбек, украин, тажик, татар, түрк ж.б. улуттар жашайт. Калктын жыштыгы боюнча 1 км. жерге 26 адам туура келет. Өнөр жайы: Жалал-Абад облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн бардык тармактары бар. Атап өтсөк:

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

79


mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

МЕТОДИКА

80

Өнөр жай тармактары

% менен

Ишканалардын аттары

Чыгарган продукциясы өлчөмү менен.

Экспортко чыгаруу

1.

Электро-энергетика.

58,6

Токтогул ГЭС каскады. ТашКөмүр ГЭСи. Шамалды-Сай ГЭСи. Жалал-Абаддагы ПЭС.

10,9 млрд. кВт/с

Өзбекстан.

2.

Отун өнөр жайы.

16,3

Тегене ЖЧК. Таш-Көмүр ачык АК. Көк-Жангак көмүрү АК

49,5 мин тонна.

Коңшу мамлекет.

3.

Нефть жана табигый газ.

23,1

Кыргызнефтьгаз ачык АК. Кыргыз Петролеум Компани (КПК).

82,8 миң т. нефть 22,9 млн. м3 газ Бензин, дизел майы, мазут.

Экспорт. Түштүк райондор.

4.

Түстүү металлургия.

6,4

«Макмал» алтын кен комбинаты. Кристалл мамлекеттик АК.

Алтын жана Шериктеш жарым өлкөлөрдөгү жалөткөргүчтүү гыз ишкана. кристаллдык кремний.

5.

Машина куруу, металл иштетүү.

7,9

19 ишкана бар. Ирилери: МайлыСуу электролампа заводу, Гидростальконструкция, «Жетиген» АК, Ротор чакан ишканасы ж.б.

Электр лампалары, Электр жылыткычтары, насос, авто тетиктер.

Экспорттолот.

6.

Токой жыгач иштетүү.

23 ишкана, 18и токой өстүрөт. Эмерек АК, Кыргыз түрк ИНДАСТРИ ишканасы. Көкарт АК.

Жаңгак жыгачынан эмерек жасалат.

Келечекте дүйнөлүк рынокко.

7.

Жеңил өнөр жайы.

Кыргыз пахтасы АК, «Актилек-А» ЖЧК, Мата АК, Акалтын ишканасы.

Чигитинен Россияга. тазаланган пахта буласы, төшөктөр, кийим кечелер

8.

Тамак-аш өнөр жайы.

Сары-Алтын, Айып-Булак , Азизтамеки, Ала-Бука заводу (ферменттелген тамеки). Таттуу-Суу, Даназык, Дан-Юг,

Тамеки, кондитер азыктары, ун, акшак ж.б.

29,2


МЕТОДИКА Айыл чарбасы: Дыйканчылык

Мал чарбасы

Пахта

Уй

Тамеки

Кой

Жашылча

Эчки

Мөмө жемиш

Жылкы

Май өсүмдүктөрү

Чочко

Тоют өсүмдүктөрү

Үй канаттуулары

Сабакты бышыктоо: 1) Шарттуу белгилер менен иштөө 2) Класстер жана Венндин диаграммасы. Сабакты жыйынтыктоо: Сабакта эмнени билдик? ББКБ стратегиясынын билдим деген бөлүгүн толтурабыз. Окуучулардын билимин баалоо: Топтор боюнча.

Транспорту: Жалал-Абад облусунда автомобиль, темир жол, аба, куур транспорту бар. Эң ири автомагистралдары: Жалал-Абад-Казарман-ҮчКоргон-Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя. Темир жол: Кара-Суу-Жалал-Абад-Көк-Жаңгак-Наманган (Өзбекстан)-Үч-Коргон-Таш-Көмүр. Аба транспорту: Жалал-Абад-Кербен-Каныш–Кыя-Казарман-Бишкек. Куур транспорту: Кочкор-Ата шаарынан Жалал-Абад шаарына чейин. Социалдык тармактары: Жалал-Абад облусунда илим, билим, саламаттыкты сактоо, көркөм өнөр жана маданият мекемелери жайгашкан. Атап өтсөк:

Тармактын аты

Анын ичинен

Жалпы саны

1.

Билим берүү

ЖОЖ ООЖ КТОЖ

13 8 22

мектеп

416

Анын ичинен

Эмгекчинин саны

Керектөөчүлөр

4594 окутуучу

студенттер

38 өзбек 6 орус 293 кырг. 74 арал.

5570 мугалим

окуучулар кыргыз, орус тил, өзбек тил.

1664 дарыгер

бейтаптар

2.

Саламаттыкты сактоо

Оорукана

309 7700 к.

261 а.а

3.

Маданият

Барпы атындагы театр, Т.Тыныбеков атындагы филармония, музей, телерадио

92 1 1 11 1

3 ав.к.

Эс алуучу жайлары

Арстанбаб, Кызыл –Үңкүр Сары-Челек, Саймалуу-Таш

Облустун жашоочулары

Шаар тургундары жана коноктору.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

81


МЕТОДИКА

тилин окутуудагы алдыңкы педагогикалык технологияларды колдонуу Зульфия Жарматова,

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Б

82

издин азыркы жашап жаткан заман мындан жетимиш же отуз жыл мурунку мезгилге салыштырганда болуп көрбөгөндөй тездикте өтүп жатат. Кээде жүз жылда болот го деген нерселер бир күндө же бир айдын ичинде болуп кетиши мүмкүн. Азыр бүткүл дүйнөнү Американын доллары, Американын жашоо жана ойлонуу образы, экономикасы каптап алды. Кыргыздардын көбү Америка Кошмо Штаттарында, Англияда, Германияда, а тургай Австралияда жашап, окуп, ал жак биз үчүн өз үйдөн артыктай сезилип, жашоонун маңызы ошол жактагыдай сезилип калды. Мурунку биз жашаган жашоо стилибиз бир күндө Советтер Союзу менен кошо кулап, эмне кылаарыбызды билбей, такыр башка жерге, айга барып калгандай болдук. Манас эпосунда айтылгандай, кечээ көргөн бүгүн жок болуп, кээде көрүп турган өз көзүнө ишенбейсиң. Кыргыздардын окуганы деле, окубаганы деле англисче «Гудбай», «Wow» деп сүйлөп калды. Ал эми мектептердин биринчи, экинчи классынан тартып, ал тургай бала бакчаларда англис тили милдеттүү түрдө окутула баштады. Мурун орус тилин билбесең маданиятсыз деп эсептелсе, акыркы он беш жылдан бери англис тилин билбесең маданиятсызсың. Мунун бардыгы мурунку биз мактап жүргөн Советтер Союзу кулагандан кийинки болгон окуялар. Мына ушундай октой зуулдаган азыркы заманда Кыргызстандын мектептеринде дагы англис тилин окутуунун эң алдыңкы технологияларын колдоно билүү, үйрөнүүнүн жана үйрөтүүнүн талаптары улам барган сайын күч алууда. Төмөндө мектептерде чет тилдерин, анын ичинен англис тилин үйрөтүүнүн алдыңкы ыкмалары жөнүндө кыскача токтолобуз. Кыргызстандын азыркы шартында бул же тигил чет тилин эне тил катары үйрөтүү үчүн көптөгөн шарттар талап кылынат. Биздин шартта жалпы билим берүүчү мектептерде чет, англис тилдерин орус тилиндей кылып экинчи эне тил катары окутууга эч шартыбыз жок. Азырынча өзгө, чет тил катары үйрөтүүгө гана шартыбыз бар. Себеби, биринчи иретте шаарда, айылдарда мурунку орус айылдарындай, дайыма орусча сүйлөшө бергендей англистер, же америкалык айылдар, радио-теле берүүлөр жок. Ал тургай шаарларда күнүгө сүйлөшө бергендей америкалыктар, британиялыктар жок. Биз үчүн ал тилдерди үйрөтүүнүн жалгыз шарты болуп мектеп эсептелет. Чет тилдерин үйрөтүү мектептен башталып, мектеп менен бүтөт. Ошондуктан мындай шартта мектепке, чет тили мугалимдерине башка сабактарга караганда өзгөчө талаптар коюлуш керек. Чет тилин окутуунун алдыңкы педагогикалык талабы болуп, биринчи иретте чет тили, англис тили мугалими ошол тилде жогорку деңгээлде сүйлөй, жаза билүүсү эсептелет. Ал мугалим ошол тилде сүйлөй эле эмес, ойлоно,

№87 мектептин англис тили мугалими, Бишкек шаары.


МЕТОДИКА

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

канда бул негизги максат коюунун борборунда турат. Ошого жараша бүткүл материал активдүү жана пассивдүү колдонулуучу материал болуп экиге бөлүнөт. Класстагы коммуникациялык мотивация, башкача айтканда окуучунун предметке болгон кызыгуусу өтүлүп жаткан материалды бала терең, бирок эң кыска жол менен максаттуу түшүнсө, анын окууга болгон ышкысы, кызыгуусу артат да алдыга умтулуусу пайда боло баштайт. Мындай максаттагы үзгүлтүксүз билим бир эле баланы эмес, бүткүл классты алдыга тартат. Эгер ар бир предмет мугалими ушундай талапты көздөсө, бүт мектеп райондо эле эмес, шаар, республикадагы жакшы орундарга ээ болуп, окуучулары көп олимпиадалардын жеңүүчүсү боло алмакчы. Баарынан жакшысы класстагы окуучулар бир күчтүү топту түзүп, алардын ортосунда предмет боюнча пикир алышуу жогорку деңгээлге жетет. Алардын ортосунда профессионалдык пикир алышуу, байланыш, коммуникация ишке ашат, коммуникативдик метод өзүнүн максатына жетет. Мындай жагымдуу шарт класстагы предметтер аралык коммуникациялык кырдаалды түзөт, окуучуларды предметке чыгармачылык менен мамиле кылууга үйрөтөт. Айрыкча теориялык материалды, эрежелерди, бул же тигил предметтик закондорду, формулаларды практика жүзүндө, лабораториялык, тесттик иштерде колдоно билсе, окуучунун билими жогорку коммуникациялык деңгээлге жетип, окуучу окутуучунун жардамчысына, сыймыгына айланат. Устат менен шакирттин ортосунда профессионалдык байланыш кырдаалы түзүлөт. Окуучу өз алдынча иштеп, ата-энесинен бөлүнүп, түтүн булаткан уулдай болуп, өзүнүн илим-билим дүйнөсүн жаратат. Натыйжада, окуучу менен илимдин ортосунда жекече коммуникацияга, ысык мамилеге жол салынат. Мындай практикалык жана теориялык шартта мугалим эң жакшы саяпкерлик кылып, чыгармачыл ишин арттырышы абзел. Ошентип, окутуучунун эң жоопкердүү иши башталат да окуучуларды ар түрдүү эл аралык тесттерге, олимпиадаларга катыштыруу менен өз эмгегинин үзүрүн ишенимдүү түрдө көрө баштайт. Мындай мугалим менен окуучунун ортосундагы жогорку профессионалдык деңгээлдеги ата-баладай эң жагымдуу коммуникация-байланыш бала жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин, кандидаттык, докторлук диссертацияларын жактагандан кийинки кызматтык орунда иштеп жатканда да эч үзүлбөй, бир убактагы чыгармачыл, маңдай теринин үзүрүн көрөт. Бир убактагы окуучунун сени дайыма ысык сезим менен эскерип, сени менен байланышта болот. Мындай ысык эскерүүнү, унутууга болбогон тагдырды азыркы дүйнөнүн алп, тагдырды таразага салган жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалиминдеги» академик Алтынай менен көзүн чылпак баскан, дээрлик унут калган, алгачкы мугалими почточу Дүйшөндөн ачык байкайбыз. Мектепте предметти окутуунун коммуникациялык методу көп максаттуу болуу менен, бир нече принциптерден турат. Алар төмөнкүлөр: Коммуникациялык методдун эң башкысы болуп практикалык принциби эсептелет. Бул практикалык принципти чечиш үчүн 1-класстан 11-класска чейинки өтүлгөн окуу материалдары боюнча окутуучу жана окуучу тарабынан конкреттүү темалар боюнча диалог, монолог, диспут жүрүш керек. Алардын ортосундагы тышкы жана ички (өзү менен өз ара сүйлөшүү, ой жүгүртүү, материалды талдоо) диалог, пикирлешүү, материалды эзип түшүндүрүү жана түшүнүү максатындагы лабораториялык эксперимент болуш керек. Бул методикалык жагдай окутуунун стратегиялык негиздери деп аталып, эталон, көөнөрбөс илимбилим алуунун бекем пайдубалын курат. Коммуникациялык методдун ар тараптуулук принциби. Бул принциптин дидактикалык (теориялык) негизи болуп окуучуну предметтин бир бөлүмү же предмет боюнча эле эмес, бардык темалар боюнча жана башка предметтер менен болгон байланышы менен дагы кабардар кылышыбыз керек. Тагыраак айтканда, окуучуда предмет-

#5-6 (13) 2015 май-июнь

түш көрө билгени абзел. Мектепте окутулуп, үйрөтүлүп жаткан чет тил мугалим үчүн чет тили эмес, кыргыз тилинен кийинки экинчи эне тили болуш керек. Баса, класста эле эмес, кайда жүрбөсүн, ошол тилде жашаш керек. Кыскасы, ал окуучуларга окутуп жаткан тилде ойлонуунун жана сүйлөөнүн үлгүсү болуш керек. Тилди же башка сабактарды окутууда мугалимге коюлган экинчи мугалим окутпаш керек, ал сайма сайгандай үйрөтүш керек. Ал үчүн кечке окутуп жаткан теманы айта бербей, баланы, айттыра, сүйлөтө, ойлонто билиш керек. Албетте, билбеген нерсени жасата же айттыра коюуш абдан кыйын. Ошондуктан, мугалим үйрөтүп жаткан тилдин ар бир грамматикасын, морфологиялык, синтаксистик, фонетикалык, лексикалык эрежелерин конкреттүү түрдө, көптөгөн мисалдар менен бериш керек. Жаңы материалды өтүүнүн бардык этаптарын билүү менен эне тилди жаңыдан үйрөнө баштаган ымыркай бала сыяктуу чет тилин үйрөнө баштаган окуучу адегенде грамматиканы эмес, сөздөргө бул же тигил буюмдардын аттарын айтууга, жаттоого, таанышууга, кыска диалог түзүүгө кызыгат. Кийин барып анын грамматикасы, морфологиясы, жөнөкөй синтаксиси калыптана баштайт. Чет тилди жаңыдан үйрөнө баштагандарга ушул табигый кабылдоону, методду пайдаланган жакшы. Демек, адегенде сөздүн өзүн, андан соң жаңы грамматикалык эрежени бериш керек. Анан ал экөөнү аралаштырып оозеки жана жазуу машыгууларды сунушташ керек. Андан соң, алар катышкан текстти окуганга, которгонго, акырында даярдыксыз монолог жана диалог түздүргөнгө багыт бериш керек. Сабактын акыры окуучулардын чыгармачылыгы менен аякташ керек. Төмөндө англис тилин чет тили катары үйрөтүүнүн негизги методдоруна токтолобуз. Бул методдор чет тилин үйрөтүүнүн техникалары жана принциптери деп аталып, Оксфорд университетинин методологдор группасынын жетекчиси Диане Ларсен-Фримен тарабынан иштелип чыгып, бүткүл дүйнөдө кеңири пайдаланууда. Коммуникациялык метод. Бул метод бардык методдордун ичинен чечүүчү метод болуп эсептелет, себеби тилди жаңыдан үйрөнүүнүн жалгыз максаты башкалар менен байланышуу, сүйлөшүү, пикирлешүү, ойду экинчи бирөөгө жеткирүү максатын көздөйт. Анын үстүнө жалгыз эле тилди үйрөнүүдө эмес, деги эле жалпы жашоодо, адамдардын бири-бири, жаратылыш менен телефон, аба жолдору менен катташууда, коммуникация маселеси чечүүчү мааниге ээ. Ушул себептүү 1960-жылдан Советтер Союзунда, андан жыйырма жыл мурун Америкада, Батыш Европада эне тилди, айрыкча өзгө, чет тилдерди окутууда коммуникативдик методду биринчи орунга кое башташкан жана бардык окуу куралдары, китептер ошол максаттагы методго салынып иштелип чыга баштаган. Бул же тигил мектеп предметин, анын ичинен тилди, айрыкча өзгө тилди окутуунун негизги максаты - мугалим менен класстын, мугалим менен окуучунун, окутуучу менен окуучунун, ошондой эле окуучу менен китептин ортосунда коммуникация, башкача айтканда байланыш мотивациясын, жагдайын түзүү болуп саналат. Коммуникациялык мотивация - кырдаал жүрүп отуруп, окуучулар арасында, бир окуучунун материалды түшүнүүсүндө, өзү менен өзү сүйлөшүүсүндө, ички диалогунда орун алыш керек. Окуу процессинде кенен колдонулуп жүргөн: 1. Тике методго, 2. Грамматика-котормо методуна, З. Аудио-лингвал (угузуу) методуна, 4. Сугостопедия (мугалимдин кадыр-баркы) ж.б. методуна караганда коммуникациялык метод дайыма биринчи иретте практикалык максатты көздөйт. Ал метод боюнча бала окуп жаткан окуу материалдарды күнүмдүк турмушка, муктаждыгына тике колдонуш керек болот. Ошондуктан, авторлор китепти, окуу куралдарын түзүп жатканда, же мугалим жылдык, чейректик жана сааттык планды жазып жат-

83


МЕТОДИКА

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

тер аралык билим болуш керек. Бул анын билим деңгээлин көтөрөт жана кеңейтет. Окуучунун мындай ар тараптуу даярдыгы тесттерден өтүүдө жана олимпиадаларга катышууда, түрдүү предметтерден келген суроолорго талаптагыдай жооп берүүсүнө шарт түзөт. Бул ишке мектепте предметтик факультативдик сабактын жана кружоктун уюштурулушу чоң жардам берет. Коммуникациялык методдун глобалдык принциби. Бул принциптин негизинде системалык мамиле жатат. Ал боюнча алганда окуучу материалдын ичиндеги структуралык суроолорду бири бирине байланыштыруу менен себеп - натыйжалуу суроолорго жооп берүүгө даяр болуш керек. Ошондой эле республикалык маанидеги эле эмес, өнүккөн өлкөлөрдөгү илим-билим боюнча алдыңкы жетишкендиктерди жакшы билүү менен, аларды өзүнүн максатына жараша практикалык деңгээлде колдоно билиш керек. Мисалы, тарых сабагы боюнча цивилизация деген тема келсе, окуучу адамзат маданиятынын тагдырындагы дарыялык, деңиздик, океандык, абалык (учактык, ракеталык), интернеттик цивилизация сыяктуу түшүнүктөрдү жана алардын дүйнөлүк тарыхын, очокторун билиш керек. Мындай конкреттүү материалдар боюнча окуучу олимпиадаларда татыктуу ат салыш үчүн алардын ар бири боюнча терең билим алыш абзел. В.Г.Костомаров жана О.Д.Митрофанова «Коммуникация методундагы глобализация принцибисиз башка методдорду элестетүү кыйын» дейт. Себеби глобализация түшүнүгү азыркы жашоону экономикалык процессти моделдөөнүн негизги үлгүсү болуп калды. Ал окутуунун жана үйрөтүүнүн башкы басымдуу өзөгү болуп саналат. Коммуникациялык методдун ойлонууну өстүрүү принциби. Бул принциптин талабы боюнча окуучу түрдүү материалдар боюнча эркин ой жүгүртө билүү менен бирге, ал боюнча өзүнүн жеке көз карашы, философиясы, кабылдоосу болуш керек. Окуучу элден мурун сүйлөгөнгө эмес, ойлонгонго машыгыш керек. Ошондо барып ал факел сы-

84

яктуу от алып, өзүнүн жашоосуна, ойлонуусуна жол сала алат. Натыйжада ал жүрүп отуруп тышкы асыл заттар менен өзүнүн ички илим билими жогорку бийиктиктеги ички диалогдору аркылуу өзүнүн келечегине даярданат. Коммуникациялык методдун пландаштыруу принциби. Бул принциптин талабы боюнча мугалим сабакты пландаштыруудан жана өтүүдөн мурун жаратылыштагы табигый жана коомдук закон ченемдерин эске алышы керек жана предметтик билимдер ошол принциптердин жана закондордун негизинде калыптанаарын унутпаш керек... Коммуникациялык методдун оозеки принциби. Бул принциптин маанилүүлүгүн XIX кылымдын чыгаан педагогу Г.Пальмер билим алуунун оптималдуу жолу деп эсептеген. Ал боюнча окуучу өтүлгөн эрежелерди, формулаларды, теоремаларды жаттоо менен коммуникациялык байланыш максаты катары кабыл алыш керек. Ал жетишинче аларды окуу процессинде эркин колдоно билиши абзел. Жандуу организмди жана жансыз техниканы башкаруу илиминин, б.а. кибернетиканын негиздөөчүсү Норберт Виннер өткөн кылымдын биринчи жарымында келечек үчүн ар тараптуу, заманбапка дал келген келечек ээлерин даярдаш үчүн физикалык, математикалык, психологиялык жана лингвистикалык жактан балдарды терең даярдаш керек деген. Бул жагынан алганда ар бир мектеп мугалими кесибине карабастан информатика, интернет, кибернетиканын негиздеринен талапка жараша кабардар болуш керек . Чынында эле адам акыл-эсинен озуп кетүүчүдөй ылдамдыкта өсүп бара жатат. Ошондуктан, мектеп, андагы ар бир мугалим, ар бир окуучу учурдун күчтүү техникасынын технологиясынан артта калбай, тең кадам ташташ керек. Кыскасы чет тилдери боюнча конкурска катышкан 214 мектептин ичинен тандалып алынган 39 пилоттук мектепте көп тилди, анын ичинде ичинен үйрөтүүбоюнча иштелип чыкса жана агартуу министрлиги тарабынан астейдил көзөмөлгөалынса. Коммуникативдик максаттагы программа толук ишке ашат деген үмүттөбүз.


МЕТОДИКА

The Past Indefinite Tense

М DVD

The plan of the lesson The grade: Form 6 The subject: The English language The theme of the lesson: The Past Indefinite Tense

Educational goal:

Developing goal:

Upbringing goal:

The pupils can get acquainted with a/ new grammatical material, 2/ they can do some exercises, 3/ they can answer some questions.

a/ Pupils’ logical thinking, b/ improving pupils’ interest to the grammatical rules, c/. d/. the pupils’ perception of the new linguistic elements, d/. applying the new grammatical material to the life.

a/ to speak English correctly, b/ to speak of the new grammar rules fluently and c/ to apply the grammar rules in communicating in English.

The lesson is considered to be achieved: Educational goal:

Developing goal:

Upbringing goal:

if a/ the pupils the active practice grammar rules properly: b/ if the pupils can get acquainted with the new grammar material, c/ if they are able to do exercises easily by themselves, d/ if they can answer the given questions without extra assistance aside.

if a/ the pupils can help each other to speak English b/ if pupils must be able to improve their thinking capability; c/ if pupils must develop their own oral and written speech.

If a/ the pupils are to use grammar rules correctly; b/ if they are to find the shortest ways of communication; c/if they are able to use grammar elements taking into consideration the polite manners of addressing to each other.

English language teacher, school N87, Bishkek.

4. Introduction of the new grammar “Past Indefinite Tense” -- 20 min 5. Work with new grammar exercises – 5 min 6. Evaluation of the knowledge of the pupils -2 min 7. Home assignment – min 1. Org. moment T:Good afternoon, children!! P:Good afternoon, teacher! T; Sit down, please .I am glad to see you again. 2. Phonetic drill. Now we shall make phonetic drill with some difficult English sounds. Solomon Grundy, Born on Monday, Christened on Tuesday. Married on Wednesday. Took ill on Thursday. Worse on Friday. Died on Saturday. Buried on Sunday. This is the end, of Solomon Grundy!!!! 3. Checking of the home work – 5 min T: What was your home work for today? P. Our home work for today was : Learning by heart some Irregular verbs. Now I will give you English Irregular verbs and you will find their forms in the Past and Perfect. to be, to buy, to come, to go, to read, to speak, to write 4. Introduction of the new grammar “Past Indefinite Tense” -- 20 min

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

The body of the lesson 1. To-day we shall take a new grammar material: The Past Indefinite Tense /Өткөн чак/ in English. 2. Note: The Past Indefinite Tense in English is used when the action takes place in the past. It is used with adverbials of time: yesterday - кечээ , two weeks ago – эки жума мурун a month ago – өткөн айда , last year – өткөн жылы In the Past Indefinite Tense the ending – ed is added to the regular verb. For example, to work+ed═ worked, to ask +ed═asked, to look+ed═looked, to smile+ed═smiled. In irregular verbs the ending -ed is not added. We take the second form of the irregular verbs: buy-bought-bought, be-was, were-been, come-came-come, speak-spoke-spoken, go-went-gone. write-wrote-written, For ex: a. They worked in Moscow last year. He lived in America two years ago. b. He wrote a letter to me yesterday.

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Scientificity of the lesson: a/ to teach how to coordinate the English grammar tenses with the universal lexical adverbial times: b/ to coordinate communicative, thinking and linguistic aspects of the language. The type of the lesson: Combined presentation of lexical=grammar units on the communicative level. The form of the lesson: Personal and group work. The methods used at the lesson: communicative, comparative, oppositional, distributive, unified field. The Equipment of the lesson: hand outs, slides, schemes, charts, pictures, multimedia means. The process of the lesson: 1. Org moment (greetings warm up activity) - 3 min. 2. Phonetic drill - 2 –min 3.Checking of the home work – 5 min

Zulfiya Jarmatova,

85


МЕТОДИКА c. My brother bought a new car last year. a. Open your text books at page 126. We shall write the grammar rule. b. Now, I shall write English irregular verbs /туура эмес этиштер/. c. Your will repeat their pronunciation after me. d. Write these irregular verbs in your exercise books. e. Now make up your own sentences with these verbs. In general question auxiliary verb did /кыргызча – бы?

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

мүчөсү/ is put in front of the subject /ээден мурун/ of the sentence and infinitive of the main verb without particle to. 6. Conclusion of the lesson – 2 min Now I shall allot hand outs to you. You will translate English sentences into Kyrgyz. 7. Evaluation. 8. Home assignment.

86


МЕТОДИКА

Балдар – биздин келечегибиз

М DVD

Жазгүл Абдыразакова, Нарын медициналык колледжинин акушердик жана гинекология сабагынын окутуучусу.

Сабактын түрү: мультиформалык сабак. Сабактын жабдылышы: видеотасма, ырлар, кыргыз күүлөр, театрлаштырылган көрүнүш, учкул сөздөр, сценанын жасалгалоосу. Сабактын максаты: Студенттерди: Келечектеги үй-бүлө ээлери катары ыймандуулукка тарбиялоо, ар биринин жоопкерчилигин арттыруу, коомдогу жат көрүнүштөрдү азайтууга туура багыт берүү, ата-эне жана баланын ортосундагы мамилени туура түзүүсүнө багыт берүү, ата-эненин балдарга, балдардын ата-энеге болгон жоопкерчилигин арттыруу, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана өркүндөтүү, ишке болгон жоопкерчилигин арттыруу. Сабактын планы: 1. Саламдашуу. Тема менен тааныштыруу жана максаттарын белгилөө. 2. Күү «Эргиме». 3. Видеотасма «коштошуу». 4. «Эненин баркы». Көркөм окуу. 5. Театрлаштырылган көрүнүш: «Күнөөсүз наристенин арманы». 6. Ыр «Апакем». 7. Конокторго сөз берүү (суроо, жооп). 8. «Балдарга бакыт тартуулайбыз» деген акциянын жыйынтыгы. 9. Учкул сөздөр. 10. Ыр «Энекем». 11. Жыйынтыктоо.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

#5-6 (13) 2015 май-июнь

1. Саламдашуу. Тема менен тааныштыруу жана максаттарын белгилөө. Саламатсыздарбы, урматтуу Нарын медициналык колледжинин окутуучулары, студенттери жана коноктор. Бүгүн, 2-Акушердик иш «А» тайпасынын ачык тарбиялык сабагына кош келипсиздер! Бүгүнкү сабагыбыз «Балдар биздин келечегибиз» деген темада «Толук кандуу үй-бүлө - бактылуу бала – туруктуу коом - күчтүү мамлекет» деген ураандын алдында өтүлүүдө. Кандай бакыт толук кандуу үй-бүлө, Бул чоң бакыт сиздер бар бул дүйнөдө. Эне үйдүн уул анын чырагы,

Бул жашоодо бейпилдикте жашайлы. Күчтүү коом түзүп алуу биздин милдет, Туруктуу бол ар бирине тиректеш. Таза коом, күчтүү улут биримдиги, Балдар биздин келечектин кербези! деген ыр саптары менен биздин тарбиялык саатты ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер. 2. Күү. «Эргиме» Комуз менен 2-АИ «А» тайпасынын студенти Зарылбек к. Нурзат 3. Саламдашуу. Алып баруучулар: Наргиза: - Саламатсыздарбы, урматтууу Нарын медициналык колледжинин эжей-агайлары! Айзада: - Амансыздарбы, студенттер жана ардактуу коноктор! Наргиза: Кереметтүү мезгилдердин биринде кездешип жатканыбызга кубанычтабыз. Бүгүнкү ачык сааттын темасы: «Балдар - биздин келечегибиз». Бала - бул жашоонун маңызы. Бала - бул келечек. Айзада: - Туура айтасың, Наргиза. Бала бул бакубат жашоо дейбиз, бирок бул сөздөр өз маанисин жоготуп бараткандай. Өсүп келе жаткан балдар, жашоонун таттуусун эмес, ачуусун сезип, бакыт дегендин даамын билбей, эненин мээримине зар болуп, жылуу уя таппай кароосуз калып жатканы ачык көрүнүп турат. Наргиза: - Билесиңби, Айзада, бир нече жылдар мурда кароосуз калган балдар чанда кезигип жалпы элдин үрөйүн учураса, ал эми азыркы тапта андай таң калган элди көрмөк тургай, болгон нерсе сыяктуу эч ким маани бербейт. Айтор, бул дүйнөдөгү жыргалчылык, кайдагы бир байлык, акча үчүн балага төкчү мээримди – заарга, балага болгон сүйүүнү байлыкка айлантып алганыбызды өзүбүз да сезбей калган сыяктуубуз. Айзада: - Деги эле айта берсе түгөнбөс, каза берсе көрүнбөс көйгөйлөр эсепсиз. Ушундай көйгөйлөрдү чагылдырган бүгүнкү ачык сабагыбызга көңүл буруп, кандайдыр бир деңгээлде сабак алып, активдүү катышып беришиңиздерди өтүнөбүз. Наргиза: - Анда эмесе, биздин төмөндөгү видеотасмага көңүлүңүздөрдү бурабыз. Күндө кечте ойлойм сени апаке, Алыс кеттиң, таштап мени кай жерге.

87


МЕТОДИКА

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

Эмгектенип кызым жакшы өссүн деп, Күч-аракет аябадың энеке! Жашоом шүгүр, баарысына ыраазымын, Жатып алып кудайыман суранамын. Ойлоп көрсөм, баары бар да, бир нерсе жок, Эне мээрим эркелеткен өзүң жок. Акча, байлык куруп кетсин бул заманда, Акча айынан алыстадык бир заматта. Энекебай билип койчу акчаң эмес, Өзүң жана сүйүүң керек – Энеке! Энекебай келчи таштап жумушуңду, Мээрим төкчү, кучагымда сен турчу. Эгер билсең кымбат сотка, кийимиңдин, Керек эмес! Керек эмес түшүнчү. Жанымда бол энекебай дайыма, Мени сүйчү кучагыңа бек кыса. Жокко деле кайыл элем эгер билсең, Болгону сен, жүрчү менин жанымда. Түшүмдөн чочуп турам элеңдеп, Күндө сени көргүм келет энтелеп. Суранамын келчи Эне жаныма, Сени менен болгум келет дайыма. Эне кут, бул ааламдын жарыгы, Бейпилдикте алыстабай жашайлычы. Сиз – булаксыз агып жаткан туптунук, Мен анын муздак кара алсыз ташы. 4. Алып баруучу. Наргиза: - Мынакей ушундай кичинекей видеотасмадан кийин жашоонун маңызы болгон баланы башкага алмаштырсак, анда биздин келечек кандай болот? Бакубат жашоонун доорун кантип сүрөбүз? Эмне үчүн өз канынан жаралган балага кайдыгерлик кылып жатты экен? Кийин кандай кылып жооп кайтарышат? Жарыкка алып келдиң, бирок мен үчүн эмне кылдың десе? Айзада: - Жаңы эле көзүн ачып, жүрөгү сүттөн таза наристелердин төрөлбөй жатып бул ааламдын кирдүү чөйрөгө кабылышына эмне себеп болууда? Кайсы айыбы үчүн башкаларга окшоп ата-эненин сүйүсүн көрбөй, үй-бүлөнүн камкордугуна алынбай көчөлөрдө, балдар үйүндө калышууда. Деги тагдырларына жазылган мындай бактысыздыкка алардын канчалык деңгээлде күнөөлөрү бар?

88

Наргиза: Азыркы учурда эң көйгөйлүү болгон жумушсуздуктан улам балдарын таштап, үй–бүлөсүн багуу үчүн чет өлкөлөргө кетип, ден соолуктарын байлыкка алмаштырган жарандарыбыз көбөйүүдө. Мына ушундай көйгөйлөрдү чагылдырган биздин тайпадагы Жолдошбек кызы Аселдин ыр саптарына көнүл бурсак. «Эненин баркы» Наристени бул дүйнөгө алып келген, Эне ыйык баарыбызга жарык берген. Бул жашоонун маңызы да көркү болгон, Энелердин изинен гүлдөр өскөн. Эй замандаш, баяндап мен берейин, Эгер көңүл буруп мени угам десең. Бул окуя болуп өткөн жакында эле, Көп болсо андан бери үч жыл өткөн. Эң мээримдүү эне эле, жубай эле, Баатыр эне наамынын ал ээси эле. Жети бала бапестеп ал өстүргөн, Бул жашоонун көркү эле, куту эле. Балдары арты, артынан бойго жетип, Энеси кыйналды го жапа чегип. Уулдарымды окутамын, кийинтем деп, Жөнөдү башка жерге жумуш издеп. Иштеп жүрдү Россиянын Сибиринде, Күнү–түнү кыйналды го шордуу эне. Кыйналса да эч нерсени билгизбеди, Эненин мээрими күч, билгин келсе. Балдары окуу жайын бүтүп жатты, Үй алды, баарын тапты, өзү жарды. Эне – байкуш оор илдетке чалдыгыптыр, Байлыгыда боло албады ага дары. Балдары энекелеп ыйлап жатты, Энесинин мээримине болду жарды. Эне менен балдарынын ортосунда, Түбөлүктүү ыйык сезим ажырады. Канчалык жашоосу төп келсе дагы, Баарына колу жетип турса дагы. Чүрпөлөрү бир нерсеге болот кайгы, Энесиз бул жашоодо жыргал барбы? Жарыктык берген – энеси, Жакшылык көрбөй кетеби. Балдардын чайын ичээрде, Жалт өчүп жерге кеттиңби. Актаарында ак сүтүңдү балдарың, Бир үзүмүн балдарыңдан көрбөдүң. Ошондуктан ойлонолу инсандар, Энелерди барктап алуу жолдорун. Оо калайык үй–бүлөнүн куту болгон, Эненин таманында бейиш алды. Жашообуз, көркүбүз да тирек болоор, Милдетибиз ата-энени сыйлап алуу. Наргиза: - Рахмат, Асель. Чыгармачылыгын өркүндөй берсин. - Билесиңби, Айзада, азыркы учурда жеңил ойлуу кыздар, жоопкерчиликсиз балдардын айынан күнөөсүз наристелер ташталып калууда, же болбосо боюнан алдырып салуулардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Айзада: - Албетте, туура айтасың. Жашообузга жарык берген наристелерде эмне күнөө? Ушундай суроолорго жооп берерден мурда төмөндөгү театрлаштырылган көрүнүшкө көңүлүңүздөрдү бурсак. 5. Театрлаштырылган көрүнүш «Күнөөсүз наристенин арманы» Катышуучулар: Дастан – жаш жигит Перизат – алданган кыз Кыздын апасы Бактыгүл – балдар үйүнө ташталган кыз Балдар үйүнүн кызматкери


МЕТОДИКА

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

Дастан: Каяктан жолугалык? Перизат: Дайыма жолугушуп жүргөн бакчадан. Күтөм жаным. (өзүнчө ойлонуп) Дастан укканда аябай сүйүнөт го. Перизат: Жаным келип калдыңбы? Кандайсың? Дастан: Жакшы, эмне болду? Мен шашып жатам, батыраак айтчы. Перизат: Дастан шашпачы, сен, сен жакында ата болосуң. Дастан: Эмне? Эмне деп дөөрүп жатасың, каяктан? Перизат: Сен мага ишенбей жатасыңбы? Мына оку. Дастан: Мен азыр ата болууга даяр эмесмин, сен дагы, мен дагы окуубузду бүтө элекпиз, каяктагы ата? Мээ, алдырып сал. Экинчи мага чалбагының да, жолобогунуң. Перизат: Бул эмне дегениң, Дастан, сенин баштагы айткан сөздөрүң кайда? Токто Дастан. … Эми апама эмне дейм? Бизди таштаба Дастан, баланы эмне кылам? Кантем? Оо кудай эмне кылганың? Балада эмне күнөө? Менин кайсы күнөөм үчүн ушул тагдырга туш кылдың? …. (Апасы телевизор көрүп отурган кезде кызы ыйлап бөлмөсүнө кирип кетет, апасы сарсанаа болуп артынан барып, кызынын эмне себептен ыйлап жатканын сураганча кирет). Апасы: Кызым, сени ким капа кылды? Эмнеге ыйлап жатасың? Айтчы мага. Перизат: Апа, Апаке мен сизди уят кылдым, акмак кызыңды кечир мен кош бойлуумун, апа кечир мени апа, мени таштабаңыз. Апасы: Эмне? Эмне деп жатасың? Түшүндүрчү мага. Перизат: Мен алданып кош бойлуу болуп калдым. Апасы: Шерменде, бул эмне кылганың? Ата оордуна ата, эне оордуна эне болуп тарбияласам. Мен сени ушундай болсун деп бактым беле? Мен эч качан кечире албайм, эл караган бетимди жер караттың… чыгып кет үйдөн, экинчи бул босогону аттаба, менин сендей кызым жок. Перизат: Оо кудай, ушундай күндү көрөт белем. Менин эми эч кимим жок, апам да, Дастан да таштап кетти, эми балам сени мен кантип багам, кантип? Апа, апа…. (Арадан айлар өттү) (Перизаттын курсагы чоңоюп, ичин сылап баласы менен сүйлөшүп жаткан кези). - Балам, билесиңби? Сен бактылуу болосуң, мен эч нерседен кем кылбай багам. Сенин атаң айткандай сейилдеп басып, бакчага барып ойнойбуз. Бирок мен сени, сени … ай ичим (Перизат толготуп калат). (Перизат кыз төрөйт, атын койгонго да үлгүрбөйт, балдар үйүнө таштап кеткен учур). - Балам, мени кечир, менин эми эч кимим жок. Сени кантип багам, жалгыз колумдан эч нерсе келбейт, атаң да таштап кетти. Менин кайсыл күнөөм үчүн, эмне азаптуу күндөрдү мага берди. Балам мени кечир, кечир… Балдар үйүнүн кызматкери: Бул шоордууну ким таштап кетти? Ии байкуш кыз турбайбы, мейли бактылуу болсунчу, атын Бактыгүл коюп койоюн. Арадан жылдар өттү. Бактыгүл балдар үйүндө кичинекей кезин элестетип отурган кези. Видеотасма. Жайдын ысык аптабында, Ыңаалап бул дүйнөгө келдим мына. Бейкапарсыз, эч нерсени билбестен, Төрөлдүм каргашалуу бул заманда. Төрөлүп жер эненин кызы болдум, Энекебай сени көрбөй мен тим болдум. Көзүнөн жаш агызып акырын, Мени таштап кетип калдың, капамын. Ыңаалап, калдым эне чоочун жерде, Ызалана кетип калдың анда эмесе. Эгер билсең, элден эмес, кудайдан, Корксоң болмок, корксоң болмок Энеке! Тирүү туруп жетим кылдың мен шордууну,

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Дастан: - Мен бул назик колдорду эч качан унута албайм. Перизат: - Кандайсың жаным, көпкө күттүргөн жокмунбу? Дастан: - Ден соолук, окууларың кандай? Апаң жакшыбы? Мен сени аябагандай сагындым. Перизат: - Чын элеби? Мен да сени сагындым. Дастан: - Жаным, сен окуудасың, мен да окуудамын, экөөбүздүн жолугуша элегибизге көп болуп кетти. Берчи колдоруңду, сен менин жашоомсуң. Мен сенсиз жашоомду элестете албайм. Билесиңби, мен сен үчүн бардыгына даярмын. Айтчы, Перизат, сен мени сүйөсүнбү? Перизат: Албетте, сүйөм. Дастан: Сенин сүйөм деген сөздөрүңдү укканда мен кандай бактылуумун. Билесиңби? Сен экөөбүздүн келечегибизди мен кандай элестетем? Биздин үйлөнүү тоюбуздун болуп жатканын. Сен аппак көйнөк кийип алып, колуңда роза гүлдөр. Жакындарыбыздын бардыгы айланада курчап турат. Биз болсо ортодо үлпөт бийин бийлеп, бардыгы бизге суктанышып карап турат. Эң негизгиси, жаным, ошол күнү экөөбүз түбөлүк бир болгонго ант беришебиз. Көп балалуу болобуз, балдарыбызды жетелеп алып сейилдейбиз, кыскасы эң бактылуу үй-бүлөлөрдөн болобуз. Бүгүнкү жолугушуубуздун дагы бир себеби менин сага болгон сүйүүмдү дагы бир жолу даңазалагым келди. Жаным, сен мага бүгүнкү күнүңдү тартуулачы. Перизат: Эмне дейсиң? Кандайча жаным? Жок андай болбойт го, а биз үйлөнбөй калсакчы? Дастан: Анда сен мага ишенбейт турбайсыңбы, менин сага болгон сезимдеримди, түнүк сүйүүмдү сезбейт турбайсыңбы? Перизат: Жок Дастан, сен антпечи, мен сага ишенем. Дастан: Мени сүйөсүңбү? Перизат: Албетте, жаным. Дастан: Мен да сени катуу сүйөм. Апасы үйдө тамак жасап атат, кызы Перизат сабактан келди. Перизат: Кандайсыз апа? Аииий апа тамагыңыз аябай даамдуу окшойт, сонун жыттанып атат. Курсагым да ачып кетти. Апасы: Оуу кызым, келе гой. Тамак да бышып калды, кел ичели. Тамак ичээрге келгенде кызынын жүрөгү айланып, жуунучу бөлмөгө чуркап кетет. Апасы: Аркасынан барып - кызым эмне болду, ооруп калдыңбы? Перизат: Жок, жок апа баары жакшы. Жөн эле жүрөгүм айланып кетти. Эч жерим деле ооруган жок. Апасы: Мен сага дайыма айтам жылуу кийин деп, мына жука кийинип алып, ашказаныңа жел туруп калган го. Перизат: Апа сарсанаа болбоңузчу жакшы элемин, мен биртке жатып эс алып алайынчы, сиз өзүңүз шашпай тамак ичиңиз. Апасы: Бара гой кызым жатып эс ал. Апасы өзүнчө ойлонуп: Кызыма эмне болгон бир жери ооруп атабы?. Мейличи жөн эле сарсана болбоюнчу, убакыт көрсөтөөр. Перизат дарыгерден чыгып сүйүнүп, Дастанга телефон чалып аткан кези: Перизат: Бул эмнеге албай жатат? Дастан: Ушул кыз тажатты, бул эмне чалып атат, албай эле коеюнчу. Перизат: Эмнеге албай жатат, бошобой жатат го? Кайра чалайынчы. Дастан: Кайра, кайра эле эмнеге чалып атат? Алоо! Эмне болду мен бошобой жатам. Перизат: Алоо! Жаным, Дастан кандайсың? Кое турсаң менин сага жакшы кабарым бар. Дастан: Айта берчи азыр эле, менин убакытым аз. Перизат: Жок, телефондон айтканга болбойт, жолугалычы.

89


mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

МЕТОДИКА

90

Энем туруп ажыраттың, бугум толду. Айтчы эне, жаштыгыңдын айынан, Мени неге жетим кылдың, тирүү туруп. Уккун эне, ичимдеги мууңумду, Арманым көп, айтып бүткүс бу жолку. Мерээзсизби, таштай катуу катыган, Бул жалгандын, бир күнөөкөр шордуусу. Эгер билсең, «Апоу» - деп айткым келет, Курдашымдай эне мээримине түшкүм келет. Кыздар сымал энеме мен дагы, Эң алгачкы сүйүүмдү айткым келет. Айткым келет! Сиз менен сырдаша баскым келет. Оттой күйгөн жүрөгүмдүн сүйүүсүн, Мага окшогон жетимдерге чачкым келет. Катачылык эч убакта кетирбейли, Кетирсек да ошол ишке жооп берели. Айткылачы бизге окшогон наристеде, Эмне күнөө? Жетимдиктин кесепети. Жетелешип баскым келет энеке, Чуркап ойноп күлгүм келет күндө эле. Мүмкүн болсо жаныңан эч чыкпастан, Элге окшоп баскым келет мен деле. Мен суусаймын, суу ичпеген дарактай, Мен куураймын. Эшиктеги куурайдай. Мен сынамын чырпык сымал «тырс» этип, Кыялымда энекеме жете албай. Ишенемин улуу инсан болоорума, Мен да сиздей эне болом бул жалганда. Сиз төкпөгөн, сиз бербеген мээримди, Мына өзүм, мен беремин баарысына. Эне кымбат, эне ыйык баарысынан, Бул түшүнүк бардыгына бирдей жаккан. Эне деген, кандай күчтүү асыл зат, Энелерди, таманында бейиш жаткан! Бактыгүлдүн монологу: - Эх жашоо, жашоо! Жашоо деп мына ушуну айт. Эмне кылбайын, бассам, турсам да энекебай сени эстейм. Энеее, эне! Кандай күчтүү асыл жансың. Бир сөз артында мээримдүү, жумшак асылзат жатат. Эне… Бирок мен энемди эстегенде… Эң алгач энемдин жаш кези көз алдыма элестелет. Ааай… шордуу менин энем ай! Жаш кезиңде жалган сүйүүгө алданып, караңгы эч аягы көрүнбөгөн туңгуюк жашоого мына мени алып келип таштаганыңды билдиң бекен энеее! Оо жараткан, эгер билсең менин ар бир күнүм, ал эмес ар бир мүнөтүм мына ушундай тынбай аккан көз жаш менен өтөт. Эгер билсең көз жаштан деле коркпойм. Менин коркконум, мага окшогон жетимдердин жашоосу эмне болууда? – мына ушундан коркком. Бул жалган жашоодо адамга буюрган күл азыгын өзүнө берип, балдарына энелерибиз татыктуу тарбия бере албай жатканына бир эле мен эмес жер эне да тынчы жок жаткандай. Эй калайык, сиздерден суранамын, өзүбүздүн адамдык сапатыбызды өзүбүз жоготпой, бир берилген өмүрдү татыктуу жашап өтөлүчү! Ар бир наристе, эненин мээримине, атанын жылуулугуна чөмүлүп үй-бүлөнүн түндүгүн уратпастан ата-энелери менен бактылуу балалыктын доорун сүрсө гана. Мына мен бактылуу балалыкты көрбөсөм да, менден кийинкилер тунук, таза, алтын балалыкты көрүүлөрүн жараткандан миң ирээт күндө суранам. Тасма бүткөндөн кийин катышуучулар чыгып бардыгы жүгүнүп кирип кетишет 6. Алып баруучу: Наргиза: - Мынакей ушундай биздин чакан көрүнүштөн кийин ар бир кыз, ар бир бала ата-эне болоорун унутпастан, жеңил ойлуулукка алдырбай, биздин сабактын максаттарына ылайык: ар бир инсандын жоопкерчилигин, ата-эненин балдарга, балдардын ата-энеге болгон мамилесин оңдошуп,

ушул көрүнүштөн сабак алып, келечектерин туура тандап, түз жолго түшөт деген үмүттөбүз. Айзада: - Бардыгыбыз ойлонуп атсак керек ЭНЕ деген кандай ыйык, ошондуктан апаларга арналган ыр уксак кандай болот. Наргиза: - Абдан сонун, келгиле биргеликте угалык. Зарылбек кызы Нурзат «Апакем». 7. Конокторго сөз берүү. Айзада: - Балдай таттуу балалык күндөрүн, бир сындырым нан табуу түйшүгүнө алмаштырып, бактылуу балалыктын даамын тата албай, базарды, көчөлөрдү кыдырып тилемчилик кылган көчө балдарынын абалын көрүп, зээниң кейибей койбойт. Алардын бул абалы акыркы күндөрү кадыресе көрүнүшкө айланып, мындай көчө балдарынын тагдыры эч кимди ойлондурбай койбойт. Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынан алынган статистиканы айта кетсек Нарын шаары боюнча: Тоголок жетим балдар – 38, жарты жетим – 292, социалдык жетим – 36. Наргиза: 8. Биздин конокторубузга чоң ыразычылыгыбызды билдирип. Ал эми көңүлүңүздөрдү накыл сөздөргө бурсак. • Үй-бүлө - бул жашоонун тамыры. • Уядан эмнени көрсөң – учканда ошону алат. • Үй - бүлө - ар дайым коомдун негизи болот. • Тарбия башаты – үй-бүлө. • Үй-бүлөлүк бактынын өзөгү – айкөлдүктө, акыйкаттыкта, боорукердикте. • Үй–бүлө - кичине мамлекет. • Балалуу үй – бактылуу үй • Балалуу үй – базар, баласыз үй - мазар. Наргиза: Мынакей ушундай учкул сөздөрдөн кийин, үй–бүлөнүн, ата-эненин баркын билсек деп ойлойм. Назарыңыздарды жагымдуу ырга берсек, кандай дейсиң. Айзада: Ооба, бирге назар салалык. Муратбек к Алина «Энекем» 9. Акцияны жыйынтыктоо Наргиза: - Биз ачык сабак өтөөрдүн алдында биринчи, экинчи курстар арасында «Балдарга бакыт тартуулайбыз» деген акция өткөргөнбүз. Ушул акциянын жыйынтыктап койсок. Бул акцияга бир эле тайпа жана 2 окуучу катышты. Биздин колледждин окутуучусу Турдуналиева Рая эжеге чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз, себеби биздин ачык сабагыбызды даярдоодо чоң салымын кошуп, акцияга да активдүү катышты. 1000 (миң) сом өлчөмүндөгү белектерди тартуулады. 7. Жыйынтыктоо. Келечек толук кандуу үй-бүлөдө, Максат коюп жетүү керек көксөгөнгө. Мекен сүйүп улуу инсан болуу менен, Таза кандуу Кыргыз элин түзүү керек. Мынакей урматтуу, катышуучулар, убакыт учкан куш дегендей, биздин ачык сабагыбыз да соңуна келип жетти. Жыйынтыктап жатып мен эмнени айткым келет? Кичине болсо дагы сабагыбыздан туура багыт алып, келечегиңерди туура тандап, түз жолго түшөт деген үмүттөбүз. Ар бир наристеге бактылуу балалык, ар бир үй–бүлөгө бакубат жашоо каалайбыз. Ошону менен бирге бүгүнкү биздин ачык сабагыбызга келип катышып берген конокторго чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.


МЕТОДИКА

Лермонтов – поэт совсем другой эпохи М DVD

Махабат Ибраева, учительница русского языка и литературы сш.им.Н.Усеналиева Ат-Башинского района.

Цели урока: 1. Закрепить и обобщить ранее полученные знания по творчеству и биографии М.Ю.Лермонтова. Выявить основные тенденции творчества поэта. 2. Развитие навыков выразительного чтения стихотворения наизусть на русском языке, умение дать аннотацию произведению и анализировать то или иное произведение (тема, идея, термины, язык, рифма, художественные детали т.п.) 3. Воспитание у учащихся чувство сопереживания героям произведения, гуманного отношения к другим людям и к окружающей среде, умение отличать зло от добра, умение понимать душу человека.

mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

Тип урока: Урок повторения ранее пройденного материала и закрепления навыков выразительного чтения наизусть стихотворений, а также умения анализировать изученное произведения. Метод урока: Лекционный материал, выразительное чтение наизусть стихотворений, описание и анализ. Межпредметная связь: С историей России XIX века, с литературоведением, с историей русской литературы, с географией и живописью. 2. О детстве и юношеских годах поэта расскажет нам Сайкал. Сайкал: М.Ю.Лермонтов родился в красивом русском селе Тарханы в имении его бабушки по матери Елизаветы Алексеевны Арсеньевой. Учитель: К сожалению, еще с детства Михаил Юрьевич узнал, что такое жизнь без отца и матери, рос без материанской ласки и без крепкой отцовской руки. Бабушка, хотя и была требовательной и строгой, но дала ему хорошее образование и воспитание. Разлука с отцом оставила отпечатки на его ранних произведениях (трагедия “Люди и страсти”, стихотворение “Пусть я кого-нибудь полюблю”). О его юношеских годах сообщение приготовила Майрам. Майрам: Лермонтов учился в одном из лучших учебных заведений России - Благородном пансионе при Московском университете. За два года он жадно знакомил-

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Наглядные пособия: Книги: 1. М.Ю. Лермонтов, “Стихотворения” М., “Советская Россия”, 1980 2. М.Ю.Лермонтов, “Герой нашего времени” М., Министерство просвещения РСФСР, 1967. 3. М.Ю.Лермонтов, Избранное, М., “Просвещение”, 1984. 4. К.Момунов, Михаил Юрьевич Лермонтов, М., Детская литература, 1989. Разработки по теме: 1. Реферат на тему: “Жизнь и творчество М.Ю.Лермонтова”.

2. Реферат на тему: “Биография и творчество М.Ю.Лермонтова”. 3. Портрет поэта, иллюстрации села Тархани, рисунки к поэме “Мцыри”. Стенгазеты: 1. Дом – музей поэта. 2. Парус. 3. Словарь. Ход урока: I. Организационный момент. II. Проверка домашнего задания: Фронтальный опрос по биографии и творчеству М.Ю.Лермонтова. III. Введение нового материала: Слово учителя: - Ребята, сегодня мы проведём урокповторение по биографии и творчеству М.Ю.Лермонтова. - Совершим небольшой экскурс в детство поэта, ощутим тот благотворный и чистый воздух, какой бывает в Тарханах, а также прочувствуем те чувства, которые ощущал поэт в Москве и Петербурге; - Еще раз побываем на Кавказе, который так плодотворно повлиял на Лермонтова, сиял источником его вдохновения; - Ощутим то настроение, которое захватило поэта при написании многих поэм и драматических произведений.

91


mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

МЕТОДИКА

92

ся с литературой, искусством, наукой, жизнью (1830-1832). Впервые ему открылись значения слов “свобода”, “гражданин”, “права человека”. Он начинает писать. За годы учения он написал около 300 стихотворений, несколько поэм и драматических произведений. В военной школе он узнал строгий режим казармы, маршировку и жёсткую дисциплину. Он хочет творить, энергия так и бьет из него, но он вынужден был подчиниться воле судьбы (драма “Маскарад”, стихотворение “Бородино”). Учитель: Неуёмная и неистощимая сила влекла его к высотам поэтического творчества, он писал много и талантливо. Чувство одиночества и потерянности присутствует во многих его произведениях, хотя жажда деятельности и бунтарский дух параллельно прослеживается в них. Это ярко видно в стихотворении “Парус”. Одинокий, мятежный, на первый взгляд такой беспомощный в огромном океане, он все же ищет бури, опасности, готов к борьбе, к трудностям. Это чувство проходит красной нитью через всё его творчество. Никакая опасность не смогла помешать юному Лермонтову написать гневное изобличительное стихотворение “Смерть поэта”. Аннотацию к этому стхотворению предоставит нам Алина. Алина: Январь 1837 года. Пушкин убит на дуэли. Глубокое горе, горячая любовь к поэту и общая ненависть к его убийцам были выражены в стихотворении “Смерть поэта”. В два дня оно рукописным списком распространилось по Петербургу. Учитель: А стихотворение расскажет Жаркын. Учитель: И как можно спокойно и равнодушно относится к власти, которая дает возможность убить таких великих людей, как Пушкин. За резкие суждения, разоблачительные речи и стихи Лермонтов был направлен в действующую армию на Кавказ. Офицер Лермонтов проявляет необыкновенную смелость и удаль, находится в передовых рядах сражающихся. Он как бы сам ищет смерти, презирая её. Это в нем клокочет двоякое чувство: любовь и ненависть. Не может человек не любить свою Родину, но жить вместе с палагами, дышать с ними одним воздухом тоже уже невмоготу. И выстраданное стихотворение “Родина”. Аннотацию представит Диана. Диана: Слово “люблю” проходит через все стихотворение, но эта “странная” любовь к России мужицкой, к праздникам народным, к природе первозданной к запаху земному многим непонятна. Все стихотворение звучит как глубокое раздумье, как размышление о судьбе России, об ее героическом прошлом и страшном настоящем. Учитель: Неприкрытая ненависть к защитникам убийц Пушкина звучит в стихотворении “Прощай, немытая Россия...” Противоречивые чувства овладевают человеком, когда мы читаем это стихотворение. Давайте послушаем его в чтении Дарыгуль. Учитель: И все-таки Лермонтов до боли в сердце любил свою Родину, свою Россию. Особенно дороги ему были дни, проведённые на Кавказе, как-будто он предчувствовал роковую их предназначенность в его судьбе. Такую же печаль, такую же тоску мы чувствуем, когда знакомимся с поэмой “Мцыри”. И здесь томится в темнице “огненная” душа молодого деятельного человека, который мечется, ищет действия, жизни, полной ощущения и не может найти... Образы мятежного паруса и тоскующего Мцыри чем-то напоминают нам самого автора. Мцыри не просто тоскует и мечтает, он борется за свою мечту, он страстно желает возвратиться на свою Родину и обрести долгожданную свободу.

Этому не было суждено сбыться, но судьба ему посылает три дня свободы, полные энергии, желания жить и любить, чувствовать и бороться. Об этих сладостных моментах мы узнаем из отрывка из поэмы, который прочитает нам наизусть Бегай. Учитель: Горячее, пламенное сердце Мцыри перестает биться в груди его, но его мечты и стремления остаются в сердцах читателей. Индира в своих рассуждениях говорит о той красоте жизни и природы, которую увидел Мцыри. Учитель: Напрашивается вопрос: когда же счастлив человек? Что ему нужно для того, чтобы почувствовать себя свободным и счастливым? Можно ли жить в любимой стране счастливо, но без боли, без свободы слова? И ответ мы находим в произведениях поэта: Нет, это невозможно. Человек не может быть счастлив в тюрьме, в неволе, а ведь человеческое стремление к свободе – это естественно. Произведения М.Ю.Лермонтова учат нас быть смелыми, решительными, учат бороться за свое счастье. Итог урока: Проведем небольшой блиц-опрос по пройденному материалу и подведем итоги, оценим участие наших учащихся в раскрытии темы урока. Вопросы блиц-опроса: 1. Когда родился М.Ю.Лермонтов? 2. У кого он воспитывался? 3. Основные мотивы его творчества? (тематика) 4. О каком поэте говорится в стихотворении “Смерть поэта”? 5. Как звали главного героя поэмы “Мцыри”? 6. Где происходит действие в этой поэме? 7. С чем сравнивает себя поэт? 8. Имя, отчество Лермонтова? 9. Из какого стихотворения данные строки: “И на холме средь желтой нивы. Чету белеющих берез”. 10. Как погиб поэт?

Бородинское сражение


МЕТОДИКА

Квадраттык теңдеме, көнүгүү иштөө М DVD

Кыял Осмонова, М.Догдуров атындагы орто мектептин математика мугалими.

Анын атын ким табат? (Жомок) Жомок Илгери-илгери кыргыз элинен чыккан , атагы таш жарган байлыгы баштан ашкан хан жашаптыр. Ал хандын ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу жана акылдуу кызы болуптур. Күндөрдүн бир күндөрүндө хандын кызын уурулар уурдап кетишет. Хан аябай кайгырат. Кызына издөө салат, бирок таппайт. Жигиттерин чакыртып тапшырма берет, кызымды издеп тапканга бир сандык алтын берем, таап келгиле дейт. Желдеттер ары ойлонуп, бери ойлонуп жардамга М.Догдуров атындагы орто мектебинин 8-б классына келишет. Класс эки топ болуп бөлүнүп кызды издөөгө чыгышат. Таппай убара болушат, анан гүлдөрдөн, жаныбарлардан, күндөн сурашат. Алар тапшырма беришет, тапшырманы аткара алсаңар анан айтабыз дешет. mugalimjournal@gmail.com

http://mugalimjournal.tk

Гүлдөр: 1-тапшырма. Коэффициентти аныкта. Жаныбарлар: 2-тапшырма. Формуланы толукта. Күн: 3-тапшырма. Туура жоопту танда. Жылдыз: 4-тапшырма. Квадраттык теңдеменин жалпы берилишин көрсөт. Ак-Куулар: 5-тапшырма. Китептен ар бир окуучу теңдемени чыгар. Ай: 6- тапшырма. Математикалык диктант. 1) а= 5, в=4, с= 2

#5-6 (13) 2015 май-июнь

Сабактын максаты: 1) Билим берүүчүлүк: Квадраттык тендемелерди чыгарышат. 2) Өнүктүрүүчүлүк: Дискриминанттын уч абалын аныктай алышат, тендеменин тамырлырын таба алышат. 3) Тарбиялык: Топтордо ишегенди, бири-бирине жардам берүүгө үйрөнүшөт. Сабактын тиби: Бышыктоо сабагы Колдонулуучу усулдар: интерактивдүү Сабактын жабдылышы: Сабактын максаты, алтын эреже, проектор, сүрөттөр, баалоо таблосу. Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу. Разминка. 1, 2 деп санап 1ге туш келгендер 1 топ «Теңдеме», 2 ге туш келгендер 2- топ «Дискриминант» топ болуп 2 топко болунушот. 2) Тапшырма текшерүү. 2 шакекче болуп турушат да, бири-биринин жоопторун текшеришет. Туура жоопко 1 ден алтын салынган баштыкча берилет. 5 –чоң баштык, 4- орточо, 3-кичинекей баштык. 2 топтун сандыктары бар, алар туура жооп үчүн сандыкка алтын салынган баштыкчаларды чогултат. 3) Сабакты табышмак менен баштайбыз. Биздин кыргыз элибизди, Сыйкырдуу дүйнөгө алып барат, Аябай кызыктуу жана түстүү,

93


МЕТОДИКА 2) с=4, в=0, а=1 болсо квадраттык тендеме түз. Жыйынтыктоо. Чай ичүүнүн алгоритми менен теңдеме чыгаруунун алгоритмин салыштырабыз.

Чай ичүү

Квадраттык теңдемени чыгаруу

1. Чай кой

1. Дискриминантты аныкта

а) чай кайнады, анда шекер салып чай ич

А) Д>0, эки тамырга ээ болот

б) чай кайнады , бирок шекер жок

Б)Д =0 эселүү тамырга ээ болот х_1=х_2

Шекери жок чай ич в)чай кайнаган жок

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

http://mugalimjournal.tk

чай ичпей калдык

94

В) Д<0 тендеме чыгарылышка ээ эмес, куру көптүк, теңдемени андан ары чыгара албайбыз


http://mugalimjournal.tk

mugalimjournal@gmail.com

#5-6 (13) 2015 май-июнь

95


Сүрөттү тарткан Арсен Абдыкадыров

Идеянын автору Гүлнара Алыбаева

БИЗ МУГАЛИМБИЗ!


Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.