Аралаш 8. Учкун ырлар

Page 1

А

Р Л Ш 8


«Учкун ырлар» зин-жыйнагына кириш сөз Жабай уулу Төлөгөн менен менин алгачкы таанышуум 2020-жылы пандемияга арналган “Аралаш” зинди даярдоо убагында болгон. Анда Төлөгөн мага “Татаал жол” аттуу ырын жөнөтүп, Кыргызстан карантин күндөрүн кандай жашап өткөнүн, балдар даарыгер энелерин чыдамсыздык менен күткөнүн, жаңы вируска каршы күрөштөгү элдин ынтымагын сүрөттөгөн. Арадан бир жыл өтүп, Төлөгөн башка ырларын мага окууга берген. Ошондон бери Аралаштын бир номерине, жаш акынды колдоо максаты менен, анын ырларын чыгарайын деген оюм мени көпкө коё бербей жүрдү. Көп өтпөй пландарымды ишке ашырып, бул поэтикалык зинди жаңы ааламдарга куш сымалдуу эркиндикке бошоттум. Бул китептин бетинде кандай гана терең, орчундуу, кооз сөздөр конгон эмес. “Гульбакча болот дүйнөм жылуу суйлөсөн” деп апасына арналган ырлар, “Айланага, табиятка көңүл бур” деп жаш ишкерлерге жазган сөзү, “акыл чачып тургандыр деп” мектебин сагынып төгүлгөн ойлору ушул зиндин бетинде. Төлөгөн Баткендеги болгон чек ара окуяга дагы кайдыгер карабай: Жардамым жок жакшы сөзүм берейин. Сен жөнүндө азыр жүрөм санаада, Алың кандай кагылайын Баткеним. — жазган ыры дагы кирген. Жаш акын сүйүүгө бир топ ырларды арнады. Жылдыз санап кыялданып отурган кезин, сүйгөн жарын: Экөөбүзгө арналган сүйүү гүлзар, Түркүн түскө боёлуп, гүлдөп турсун. Асманда асан-үсөн чыккан кезде, Себелеген ак жамгыр жолуктурсун. Сагынычтар коюнга батпай турса, Экөөбүздү жарык ай жолуктурсун. — 2


деген ыр саптарына музыка коштоп ыр-хиттерин жаратса болчудай. Ал эми, ким билет, Төлөгөндүн ыр саптары сиздин жүрөгүңүздө дагы сезимдерди кондуруп дагы бир башка кооз формаларга алып келээр. Кандай болсо дагы, Төлөгөн акын айткандай: Өмүр өтөөр, сый-урмат талашалы, Жакшы ишти жарышып жасашалы. Келбей калса алдардан жакшы нерсе, Жакшы сөз сүйлөшүп отуралы. — жаш акындын учкун ырлары ар бирибизди жакшы ниет, жакшы сөздөргө үмүттөөрүнө толук ишенем. Сыйнат Жолдошева Долбоордун куратору, зиндин дизайнери жана макеттин даярдоочусу

Ылардыр автору Мен, Жабай уулу Төлөгөн, 1998-жылы 20-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында төрөлгөм. Бишкектеги №83 орто мектепти бүткөм. Агрардык техникумду бүтүрүп, азыркы учурда Мамлекеттик Тоо-кен университетинин студентимин. Ыр жазганга, кыргыз жана дүйнөлүк адабиятка аябай кызыгам. Тилегимде өз элимдин маданияты жана адабияты өссө деген кыялым бар.


Апакем Жүрөгүм менин назыңдан сенин куралган, Сен ойлонсоң, мен үчүн супсак бул аалам. Чачың сенин ар бири мен деп агарды, Сарсанаа болбо, алтыным апам суранам. Сагынам сени беш мүнөт улам көрбөсөм, Гүлбакча болот жан дүйнөм жылуу сүйлөсөң. Жылмаюуң үчүн жанымды сага берейин, Жадырап жүрчү, артыңдан дүйнө гүлдөсүн. Колуңдан сенин кармасам жүрөк кубанат, Бетиңден өпсөм чыныгы мына махабат. Апакем менин өзгөчө жансың дүйнөдө, Бир гана сенден тирүү бир жүрөк жаралат.

4



Жаш ишкерге Убак келээр татчу намыстын даамын, Кезек баскан кадамыңдан тайбагын. Элге кызмат кылчу убак келди го, Ташты талкан кылчу нуктан кайтпагын. Милдетиңди колко кылба, бөлүнбө, Элиң сени сүйсүн, айтсын сөзүндө, Ак дилиңден кызмат кылгын, талыкпа, Ошондо сен чыгаарсың эл төрүнө. Таза жүрөк текеберди билбесин, Кызматыңдан ак көңүлдөр эзилсин. Айланага, табиятка көңүл бур, Мекен сүйүү ал да сенин милдетиң.

6



Доктурларга Жашоонун жыргалынан калып барат, Үстүнөн чечпей кийип аппак халат. Милдет деп ак эмгегин так арнашып, Кыл учунда эл үчүн жан талашат. Алар үчүн мааниси жок маянанын, Багынтуучу жүрөк экен ай ааламды. Оору менен кармашуу оңой бекен, Калканыч болуп өмүрүн аябады. Көтөргүм келет көк асманга жеткиче, Ак халатты көрсөнөр сыймыктана кеткиле. Элиң сага рахмат айтат, сөз кылат, Врачтарга таазим жүзүм жерге жеткиче. Врачтардай патриоттор көп болсун, Жеке жашоо гүлдөсүн да бак консун. Кудай берсин жараша ишке сыйлыгын, Ак халатчан баатырлары бар болсун!!!

8



Мектебим Көчөгө чыкканда не? Көчөдө күздүн деми, Жаштыгым учуп барат Кайрылбай коёт эми Балалыкта эң биринчи Ак сүйүүм кайдасың сен. Күн санап тажап барам, Санаадан эриктирген. Балалык келсе кана, Ак көйнөк, окуучу күн. Классташ кайда кетти, Бир ойноп, урушчу күн. Сүйүктүү мугалимим, Кайда экен, карыды го. Убакыт аябайт экен, Келет деп күткөндүр гө. Мектебим баягыдай, Тургандыр эшик ачып. Класстар, доска, китеп, Тургандыр акыл чачып.

10



Баткеним Билбей турам эмне кылам, не дээрим, Жардамым жок жакшы сөзүм берейин. Сен жөнүндө азыр жүрөм санаада, Алың кандай кагылайын Баткеним. Жети дубан керемети атыккан, Эми минтип ынтымакка жашынган. Коркпогунуң, ыйлабачы Баткеним, Коломтоңор өчпөйт дайым от жаккан. Бош калды го ыр арналган өрүкзар, Ыйлап жатаар эки жаштык арзуулар. Бул убак да өтүп кетээр, кайгырба, Жанданышаар сыр катылган жан сырлар.

12



Мезгил Мезгил деген токтобостон зымырап, ‘Бекем карман’ дегенсийт да бир күлөт. Ээх убакыт шашпай өтчү суранам, Жок дегенде токтой турчу беш мүнөт. Ак-шумкардай дайым алга сызасың, Жорго сымал бир калыпта жүрөсүң. Бир карасаң жайдын ысык аптабы, Бир карасаң жамгыр болуп төгөсүң. Мезгил деген бүтпөс арман, бүтпөс ыр, Жаштык деген бүтпөс дастан, тийген нур. Алдыңа мен бар байлыкты тартамын Ээх убакыт суранамын коё тур. Балалыкка бир кылчайып алайын, Убакытым беш мүнөтчө күтө тур..

14



Жылдыз санап Эмне отурдуң? - Отурам жылдыз санап, жылдыз угуп Жетпеген кыялдарга колду сунуп Башкага көңүл бурбай сөз салбаган Бир гана жан адамга оюм буруп. Отурам асман карап, түндү тиктеп, Ойго салган ушул кеч күздү тилдеп. Эңсеп жүргөн жан адамды ойлой берип, Келип калчу сыяктанып мени издеп. Отурам айды карап толуп алган, Эки жаштын сүйүүсүнө жарык салган. А менин акылсыз кыялым бар, Адам болсом сүйүүсүз жашай алган.

16



Бир бөлмө Бир бөлмө, жалгызмын, күтүп жаттым, Билбей эч ким, сырымды ичке каттым. Билдиң бекен санаада экенимди, Билбей жооп ал түндө ойго баттым. Үнсүз тиктеп караган көздөрүңдү, Үмүт менен карап алсам дегем. Үн чыгарып айталбаган сөздөрүңдү, Үн чыгарып мен айтып салгым келген. Билгим келди сен дагы күттүң бекен, Билдирбей карап күткөн татаал экен. Бергим келди мендеги жылуулукту, Берилип ‘сен гана’ деп айткым келген.

18



Түн жолуктурсун Мага болгон сезимдер өчпөй турсун, Тагдыр бизге аябай сүйүү сунсун. Сагынычтар күчөп турган болсо эгер, Экөөбүздү ушул түн жолуктурсун. Күтүшкөн күндөр бизге жакын турсун, Табышмактай сүйүүбүз ысык болсун. Ээрип кетсин ысыгынан тонгон көк муз, Бапылдап жааган ак кар жолуктурсун. Экөөбүзгө арналган сүйүү гүлзар, Түркүн түскө боёлуп, гүлдөп турсун. Асманда асан-үсөн чыккан кезде, Себелеген ак жамгыр жолуктурсун. Сагынычтар коюнга батпай турса, Экөөбүздү жарык ай жолуктурсун.

20



Жолумдан тосуп чык Ашыгып сага талпынам Жете албай барам, аптыгам. Жолумдан тосуп тур мени, Көрсөм деп сени баратам. Сагынып сени тымызын, Эптеп мен табам бир ыгын. Келчи деп тосом жолуңду, Көрсөп деп сенин кылыгың. Ак жамгыр сымал төгүлөм, Түйү жок ойго чөмүлөм. Койсоң бир эстеп мени сен, Көккө мен жетип сүйүнөм. Сүрөтүң болду сырдашым, Тургансый мен деп жандашым. Келсең сен чогуу кетели, Аралап гүлзар арасын.

22



Арзуум болуп каласыңбы? Жашоомдо эч сүйбөгөн абалымды, Бир ирмемде сен уурдап аласыңбы. Жылдар өтүп, ээлеп алган ойлорумду, Унутулгус арзуум болуп каласыңбы. Күн санап менден узап барасыңбы, Сагынычты мага артып саласыңбы. Жолуккан күндөй кайра баргым келет, Күттүргөн арзуум болуп каласыңбы. Мага деп жумшак болгон мүнөзүңдү, Жылуулук берген сен жамалыңды. Сагынам жөн гана өзүңдү мен, Мен сүйгөн жаштыгыңды калтырдыңбы. Жыл өтсө кайра бетер күчөй берген, Арналган арзуум болуп каласыңбы?

24



Эскертип өткөн кеткен жарааттарды, Тынч жаткан сезимим үнүн катты. ‘Унуттуңбу, эстеп кой’-дегенсип, Өткөн элес тынчымды алгансыды. Билем ооба, ал күндөр өткөн кеткен, Ысык болгон сезимди суутуп кеткен. Унутууга канча дарман болсо дагы, Эстен кеткис эмди ал басып кеткен. Сыр бербей, а бирок ич тыз этип. Санаалар желгенден желип келет, Ишенбей азыр эми сезимдерге, Дербиш болуп алыска кетким келет. Сезимим жалын эле, ал да өчтү, Үн катпай алыска кетким келет.

26



Жакшы ниет Жакшы адеп, ак-көңүлдүү жүргүм келет Ыйманда өмүрүмдү сүргүм келет. Жакшы ниет, жакшы иш жасоо менен Алла алдында жарышка түшкүм келет. Жашагым келет жөн гана тынччылыкта, Сырдашууда жана да сыйлашууда. Көйрөңдөнбөй жөнөкөй бололучу, Адамбыз го, адам бойдон калалычы. Жылмайып, жакшы сөз сүйлөө менен, Колдо белек, жүрөктө ниет менен. Жүрөктөр чырмалсын махабатка, Бир тууганга болгон сый, урмат менен.

28



Эстеп кой Эстеп кой нөшөрлөп жамгыр төккөндө, Суу тамчылар гүлдүн бетин өпкөндө. Жалгыздык жанга батып турган кезде, Нөшөр менен кошо маанай чөккөндө. Эстеп кой күн кызарып батканда, Булуттарга кызыл нурун чачканда. Ошод кезде мен дагы сени эстеймин, Сени күтүп ырларымды жазганга. Бапылдап ак кар жааса эстеп кой, Сүйүүң мага ак болсун деп тилеп кой. Сагынычтан тажап калса жүрөгүң, Эч кимге айтпай мени акырын сүйүп кой. Эстеп кой жалбырак сары тартканда, Терезеңди ак кыроолор басканда.

30



Жактырып турайынбы? Уруксат бер, колуңду кармайынбы, Жакшы сүйлөп, абалың сурайынбы. Сендей жанды асырап алгым келет, Гүлдөрүмдү бир сага сунайынбы. Келбесе да колумдан жакшы нерсе, Жөн гана жактырып турайынбы?

32



Жашыруун Жашыруун сыр эч кимге айтылбаган, Жашырынып тар жолдо жүрүп барат. Жадыраган убагында ак сүйүү. Жашып алып, тымызын күйүп барат. Алоолоп ичтен күйгөн күндөр өттү, Ал күндөр эстеп турам кайра бүгүн. Армандап арзуулар турушканда, Алтыным, бирге болбой кайда жүрдүң?

34



Караймын кайра-кайра көңүл толбой, Кара көз сулуунун жанын койбой. Көңүлдө кыш чилдем жазга айланат, Көөдөндө жалбырттап күйгөн оттой. Ыр жазам сага, батырып сапка бүт аалам, Ыр сунгум келет, сөз уксам сенден эс алам. Билбейсиң сен, тартынып жүрөм негедир, Сөз айткым келет а бирок сенден уялам. Коомайлап эшигин ак сүйүүмдүн, Ыр жазам тымызын сага деген. Байкайсыңбы эх сулуу кыйытманы, Сөз айтам ырымдан сага деген.

36



Жакшы сөз сүйлөшүп отуралы Бак ичин сергиткен салкын желдей, Бирибизди сергитип сырдашалы. Бир күн келип саргарып кала электе, Бакыттын бай сөзүн арнашалы. Иш унутуп, айтышып сөз тумарын, Өтүп кетчү көйгөйгө көз жумалы. Тутуп жүргөн көңүлдө сөздөр менен, Арзышалы кандырып жан кумарын. Өмүр өтөөр, сый-урмат талашалы, Жакшы ишти жарышып жасашалы. Келбей калса алдардан жакшы нерсе, Жакшы сөз сүйлөшүп отуралы. Оору эмес ден соолукту кеп куралы, Көйгөй эмес, максатты кеп куралы.

38



Насаат Дүнүйө деп, унутуп адеп ахлак, Ыймандын ал кубаты кетет куурап. Ажал келип алкымдан алган кезде, Баары бүтүп, шондо кеч болоор убак. Аллага мес, байлыкка болдуң го кул, Санайсың зикир эмес, кагаздан пул. Дүйнө калат, акырет түбөлүктүү, Утушуң жок Аллага болбосоң кул. Уятсыз сүйлөсөң ыйман ыйлайт, Дүнүйө сүйлөсөң напсиң жыргайт. Жалган дүйнө кишендеп алалекте, Жүрөктөр намаз менен качан жыргайт? Исламдын оңой жери жылмаюуда, Динимдин жарым жери тазалыкта. Мусулманбыз, Бир Заттын кулдарыбыз, Белек кылган намазы жүрөктөрдө.

40



Досторго Досторум көрсөм элжирейм, Сүйөм дейм, башка эмне дейм. Ченеми жок ыраазымын, Жаштыктай болгон баа менен. Досторум бар эң дасыккан, Талкандап ташты жарышкан. Алтындан алар десем да, Ишенбейт мага эч бир жан. Бир болгом даңгыр жолдордо, Досторум менин чоң ордо. Издесең мени айтайын, Сырымды каттым досторго. Бүтө албайм айтып сырларды, Бүтө албайм жазып ырларды. Досторум аман болушсун, Асышсын бийик кырларды!...

42



БИШКЕК ЗАМАНБАП ИСКУССТВО МЕКТЕБИ www.bishci.com bishkekartschool@gmail.com bishartschool bishci bishkek_art_school

АВГУСТ 2022 44


Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.