Боз уй

Page 52

мусулмандардын көңүлүн боз үйгө буруу аркылуу бул концепцияны түшүнүүгө жардам бере алышат. Кыргыз салтына ылайык бейтааныш кыз аксакалдын уулуна турмушка чыкмайын анын үйүнө кирип жашаганга болбой турганын аларга айткыла. Уулунун колуктусу болбосо, анда ал жат, ошондуктан кош келиңиз деп кабыл алынбайт. Бирок эгер кыз аксакалдын уулуна турмушка чыкса, анда ал аксакалдын келини катары анын үйүнүн толук укуктуу мүчөсү болуп калат. Түндүк менен керегени байланыштырып турган уук сыяктуу аксакал менен келинди уул байланыштырып турат. Уулдун аркасы менен келин дасторктондон тамактанууга, очоктон жылынууга, башпаанекке жана күйөөсүнүн жанында аксакалдын үйүндөгү жайда уктаганга укук алат. Баарын уул бир үй-бүлө кылат. Ууксуз түндүк менен керегенин ортосунда байланыш. Эсиңерде болсун, рухий жактан ала келеек, адамзат келинге же болбосо керегеге окшош. Ал эми Кудай болсо аксакал же түндүк сыяктуу. Кудай бизди өзү менен бирге асманда болууга чакырып келди, бирок эгерде биз анын Уулун -дагы түбөлүк өмүргө келип, турмушка чыкпасак, анда сыртка ыргытылып, ыплас сойкудай жазага тартылабыз. Эй досум, Кудайдын үй-бүлөсүнө кош кел. Айкөл Теңир атабыз кубанычы койнуна батпай, биз үчүн укмуш сонун той даярдап, күтүп жатат.

МОМУН КЕЛИН Бүткүл адамзатка ыймандуу келин сыяктуу момундук менен караган деңгээлге жетишкенибизде гана чыныгы Мусулман деген эмне экенин түшүнө алабыз. «Мусулман» деген араб сөзү «Баш ийген адам» дегенди билдирет. Кыргыздар мусулман болууну жоош момун болуу деп сүрөттөшөт. Экөөсү тең жакшы. Кыргыздын үрп-адатында чыныгы Мусулман деген эмне экенин келиндин мисалынан артык түшүндүрө ала турган мисал жок. Жакшы келин момун, тил алчаак. Үй бүлөсүндөгү улууларынын айтканын лам дебей аткарат. «Керегеме айтканымда келиним угат» дейт аксакал. Ушул келиндей болуп, биз да Кудайыбызга момундук менен баш ийгенибиз туура. Чыныгы мусулман — бул Кудайдын келини. Башкалар — каапырлар. Жалган теңирлерге, туура эмес диндерге, керт башынын кызыкчылыгын гана кездеген каалоолорго, кара күчтөргө жана башка алдамчылыктарга өздөрүн берип салган рухий сойкулар. Ошондуктан адам инсан катарында ушунчалык ыйык, адилеттүү болуп, бирок Кудайдын Уулумду сүйгүлө деген осуятын четке какса, анда аны Кудай өзүнөн кыя чаап, рухий сойку катарында тозок отуна ыргытат. «Эми эгер ал жалган деген жанылуучулардан болсо, ал учурда кайнак суудан болгон «Конок күтүү» жана тозокко киргизилүү бар!» (Коран 56:92-94) Кудайдын үйүндөгү ордуңду орозо тутуп, ажылыкка барып, же намаз окуп, же чокунуп кайра сатып ала алам деп ойлобо. Кээ бир чет элдик дин окутуучулар айткандай Кудай капчыгы калыңдар үчүн ыйыктыкты сатып, базар да отурбайт. Сен чет элдик


Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.