Page 1

Белес

Белес

Биздин сунуш - сизге17-октябрь, киреше! 2017-жыл

Баасы келишимдик баада

17-октябрь, 2017-жыл №9-10 (185)

1

Жалал-Абад Айылдык Консультациялык кызматтын гезити

Европалык Биримдик тарабынан каржыланып жаткан «Жергиликтүү жамааттардын бизнес демилгелерин колдоо аркылуу айылдагы жакырчылыкты азайтуу» долбоору DCA Central Asia жана Жалал-Абад Айылдык Консультациялык Кызматы тарабынан аткарылууда Жалал-Абад ш., Курманбек көч., 10. Тел.: (03722) 50911 Эл.дареги: rasja@rasja.kg, m.karaeva@rasja.kg

К

ыргызстандын алыскы айылдардагы бизнес-демилгелерди колдоо жана сугат инфраструктурасын жакшыртуу аркылуу калктын киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган долбоор алкагында жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Долбоордун жумуштары алгач Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматынын башкы кеңсесинде айтылып, андан соң жеринде көрүү максатында “талаа визиттери” болду. Бул визиттер Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун айылдарындагы фермерлердин аткарган жумуштарын, ийгиликтерин даңазалоо менен коштолду. Мында, моделдүү жана жөнөкөй күнөсканалар, тоок чарбасы, мөмө-жемиштерди кургатуу, бакдарактарды жамгырлатып сугаруу, жапыз өсүүчү бак-дарактарды жана көчөтзар (питомник) өстүрүү, сугат суу өтүүчү каналдарды бетондоо, оңдоп, түзөө боюнча жетишилген ийгиликтер көрүлдү. Долбоордун максаты – айыл жергесиндеги бизнес-демилгелерди колдоо жана сугат инфраструктураны жакшыртуу аркылуу калктын киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу болуп саналат. Долбоорго Жалал-Абад облусундагы – Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул, Тогуз-Торо райондорунун айылдары камтылган. Анда 9 моделдүү күнөскана, 45

Чакан бизнес ишмердүүлүктөрү колдоого алынды

чакан күнөскана курулган. Андан сырткары 34 жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, 8 көргөзмөлүү бактар жана көчөтзарлар отургузулган. 187 кожолукка 5400 жумуртка багытындагы тооктор берилген. 225 фермер сапаттуу үрөндөрдү колдонуп,

картошка, жашылчалар жана дарбыз эгип түшүмдөрүн жогорулатышкан. Жалпысынан 74 өз ара жардамдашуу топтору түзүлүп, 800 киши долбоорго түздөн-түз тартылган. Мындан сырткары, долбоор тарабынан 25 жаш адистер практи-

“Агро-Горизонт"

А

кыркы жылдары бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү боюнча климаттын өзгөрүүсү байкалып жатканын окумуштуулар байма-бай кулак кагып келишет. Жаан-чачын жылдан жылга аз болгондуктан, жаз айлары кургакчыл болуп, айдоо жерлери кургап, дан өсүмдүктөрү жабыр тарткан учурлар аз эмес. Ошол себептен айыл чарба тармагында бул өзгөрүүлөргө туруштук берүүчү, кирешелүү жашылча-жемиштерге ыкташыбыз керек. Мындай өсүмдүктөрдүн арасынан эң эле перспективдүүлөрүнүн бири – сафлор эсептелет. Жер кыртышынын курамындагы минералдарды сактап калуу үчүн, жыл сайын жаңы кайракы эгин аянттарын өздөштүрүп, түрдүү эгиндерди айдоо өтө маанилүү. Бул багытта сафлор эң мыкты өсүмдүк боло алат. Мындан сырткары анын эң мыкты сапаттарынын бири катары курамындагы олеин, пальми-

Сафлор эгели тин, стеарин жана олеин кислоталарынын бардыгын айтсак болот. Сафлор бир гана тамак-аш тармагында активдүү колдонуп гана

калбастан башка техникалык максатта да өндүрүлүп колдонулат. Мисалга алсак, сафлор маргарин, жогорку сапаттагы агартуучу

калык окуулардан өтүшүп, жеринде иштөөчү адистер даярдалды. Учурда алар айыл тургундарына окууларды өткөрүп, консультация берип жатышат. Аталган долбоор 4 Суу Пайдалануучулар Ассоциациялары (СПА) менен иш алып барды.

Алар: Алмаз-Суу (Сейдикум а/а), Кеңеш (Кеңеш а/а), Шайдан-Кара-Үңкүр (Шайдан а/а), Сүйүнбай-Суу (Сакалды а/а). Төрт айылдын 1,792 метр каналдары бетондолду. (Уландысы 2-бетте)

Фермерлерге кулак кагуу эмальдарды өндүрүүдө да мыкты колдонулат. Сафлор дандарынан орточо 32-39% чейин май алынат. Сафлордун тамыры узун болгондуктан, жер алдындагы терең жайгашкан нымдуулукту оңой алуусун шарттайт жана биздин шартка ал аябай ыңгайлуу. USAID Агро горизонт долбоорунун колдоосу менен ЖалалАбад, Ош облустарынын аймактарына дыйкандарга сафлор эгүүнү жайылтуу жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жаңы долбоор 2017-жылдын 17-ноябрынан башталып, расмий түрдө башталды. Бул долбоорду кызматташуучу, аткаруучу уюм катары TES Centre жана Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматы аткарып жатышат. Долбоор жалпысынан Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорун, ал эми Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Сузак, Ноокен жана Базар-Коргон райондорун камтыйт.

Долбоордун максаты – сафлорду жергиликтүү деңгээлде өстүрүүнү жайылтуу менен биргеликте, Өзгөн шаарында жайгашкан «Эльдан Аталык Өзгөн» май чыгаруучу ишкана аркылуу Кыргызстанда тамак-аш өсүмдүк майынын импорт көлөмүн азайтууга, жергиликтүү тургундарды сапаттуу май менен камсыздоого багытталган. Долбоордун алкагында сафлор эгүүнү көздөгөн фермерлерге кайтарымдуу сапаттуу үрөн менен камсыздоо жана өндүрүлгөн продукцияларды кабыл алуу жардамдары көрсөтүлмөкчү. кеңири маалымат алуу үчүн төмөндөгү байланыш телефондоруна кайрылыңыздар: Базар-Коргон – 0770550102 Ала-Бука – 0778363406 Ноокен – 0770840102, 0771450250 Сузак – 0770343443 Э. ЭрАлиЕв


Белес

Чакан бизнес ишмердүүлүктөрү колдоого алынды (Уландысы. Башталышы 1-бетте)

Каламбек ЖУМАБАЕв – Ноокен районунун Сакалды Айыл аймагындагы Бөбүй айылынын тургуну

Гүлсүн иСМАиловА – Базар-Коргон районунун Абдраимов айылынын тургуну

ай-Лайн жумуртка багытындагы тоокторду багып жатам. Буга чейин үй шартында багып келген тоокторго караганда кирешеси көбүрөөк экен. 21 тоок алгам, баарын өлтүрбөй жакшы карап багып жатам. Буларды кароо көп убакытты, убаракерчиликти талап кылбайт. Жем, суусун убагында, өлчөмү менен берсең дээрлик 99% жумуртка берет. Жайында күндө 21 жумурт-

Долбоордун координатору Махабат КАрАЕвА төмөнкүлөргө токтолду:

Д

олбоорду баштаар алдында биз ошол камтылган айылдарда базалык изилдөө жүргүздүк. Заманбап айыл чарба технологиялары айылдарда барбы, жакшы өнүккөнбү деп. Ушул изилдөөлөрдүн жыйынтыгында биз 4 райондон, мурда-кийин долбоорлор менен иштешпеген айылдарын тандадык. Анан эң мыкты жана реалдуу бизнес-идеяларга сынак жарыялаганбыз. Сынактын алкагында жаштарды коомдук өзгөрүүлөргө тартуу жана айыл чарба багытында жаңы жумуш орундарын түзүү, миграцияны азайтууга салым кошуу сыяктуу жакшы саамалыктар каралган. Жарандарыбыз өз мекенинде киреше табууга мүмкүн экендигин көрсөтүү негизги максатыбыз эле. Жалпысынан, сынактын жүрүшүндө 44 бизнес-идея келип түшүп, алардын арасынан эң мыкты жана майнаптуу деп табылган 11 бизнес-идеялар комиссия тарабынан тандалып алынды. Ар бир жеңүүчү өз бизнес-планын ашырууга материалдыктехникалык колдоо алышты. Бүгүнкү күндө колдоо алынган бизнес демилгелери дээрлик ишке ашырылып, кээ бирлери киреше ала баштаган. Биз иш алып барган аймактардын өзгөчөлүгүнө карап демилгелерди колдодук. Мисалы, Тогуз-Торо, Токтогул райондорунда элдин басымдуу бөлүгү мал чарбасы менен алектенгендиктен сүт азыктарын кайра иштетүүгө көңүл бурдук. Токтогулдагы топторго курутту жасоо боюнча аппараттарды, күнөстүү кургаткычтарды алып бердик. Курутту кургатууда көп көйгөй болгон. Жаан жааса кай жерге коёбуз, аны жыйнаш керек деген сыяктуу. Анда аябай таза продукция кургатса болоорун билишти. Жаанда болобу, ысыкта болобу бат кургайт экен дешип сүйүнүп жатышат. Ал эми Тогуз-Тородогу топторго эмеректерди сатып бердик. Азыркы күндө сүт продукциясынын 11ге жакын түрлөрүн иштеп чыгарып жатышат. Базар-Коргон, Ноокен райондорундагы аткарылган иштерге өзүңүздөр күбө болуңуздар. Конференцияга Токтогул, Тогуз-Торо, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жалпы 90дон ашуун фермер катышты.

2

17-октябрь, 2017-жыл

ка алчубуз. Суук түшкөндөн бери 17-18 даана гана алып жатабыз. Жумурткасы кадимки үй тооктукуна окшош. Кардарларым даяр эле, коңшуларым алып кетишет. Багып жатканыма бир жарым жыл болуп калды. Ушул тооктун жумурткасынан тапкан киреше бир айга үйгө керектүүлөрдү алганга жарайт. Мисалы, электр энергиясын төлөйм, тамак-аш, азыктарды сатып алабыз.

Алманбет КАДЫров – Ноокен районундагы Бирдик айылынын тургуну

оң аянтты иштетип биртке түшүм алганча, аз аянттан көп киреше алса болооруна ынандым. 2016-жылы чарбама долбоор алкагында 41 530 сомго чакан күнөскана курулуп берилген. Анын 13900 сому өздүк салымым болду. 40 м2 жердеги чакан күнөсканама эрте жазда помидор, бадыраң, болгар калемпиринин көчөттөрүн өстүрүп, саттым. Андан кийин “Буран 1” сортундагы помидордун көчөтүн өстүрдүм. Ал июнь айында бышып, базарга алып барып килосун 70 сомдон өткөрүп жүрдүм. Жалпы 2-2,5 тонна түшүм алдым десем болот. Август айында помидорду жый-

нап жерди бир аз эс алдырып, бадыраң өстүрө баштадым. Албетте сапаттуу үрөндөн тиктим. Анын түшүмүн жыйнап жатам. Буйруса, кар жааганча бадыраң сатам деп турам. Күнөскана иштетүү алгылыктуу бизнес экенине көзүм жетип, өз колум менен 45х7,5 м өлчөмүндөгү жыгачтан күнөскана жасадым. Ал жакка да бадыраң тиктик. Интернет, компьютер биздин кылымда канчалык деңгээлде жашообузга кирсе, күнөскана да дыйкандардын жашоосуна келечекте ошондой даражада кирет деп ойлойм. Балдарымды да күнөскана иштетүүгө үйрөтүп жатам. Азырынча бул иштерде жубайым чоң жардамчым.

Кадырбек АЙДАров – Базар-Коргон районунун Кеңеш Айыл аймагынын Абдраимов атындагы айылдын тургуну

ткөн жылы шартыма байланыштуу долбоорго катталып калып, 50 сотых аянтка жарым жапыз өсүүчү (полукарлик) мөмөлүү бак-дарактардын көчөтүн тиктим. Баткенден 130 түп көчөт алынып келинди. Анын ичинен: алма-60 түп, кокон гилас-30 түп, шабдалы-30 түп жана өрүк-30 түп. Былтыр алма түйдү. Андан сырткары февраль ай-

ында көчөтзар даярдап, анда көчөттөрдү жетилтип жатам. Келерки жылы жетилген көчөттөрдү сатам деп турам. Бакты асыроо, кароо боюнча түрдүү окуулардан өтүп, билим-шыгым жогорулады. Мээнети күч болсо да, кыймылдап жатабыз. Жубайым экөөбүз челектеп сугарып жүргөн күндөр да болду. Мына эми мынтип көйкөлүп, бак көздүн жоосун алат.

Данияр БЕКНАзАров – Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын “Сүйүнбай-Суу” Суу Пайдалануучулар Ассоциациясынын (СПА) директору

оделдүү күнөскана 0,01 га жерге 340 миң сом турат экен. Анын 60 миңи өзүмдүн салымым болду. Бул жерден мектепте окуган кызым экөөбүз эле карайбыз. Бул да наристе сыяктуу. - Бир эле күн кабар албай температурасын көзөмөлдөбөй калсаң бүттү. Мисалга алсак күнөсканадагы температура +13 градустан төмөн жана +35 градустан жогору болбошу керек. Ошол себептен күн ысыган мезгилде аба алмашуусу үчүн күнөскананын эшиктери күндүзү ачык турганы дурус. Күн сууктап калганда аларды жаап, жылуулайбыз дегендей. Биз алгач көчөттөрдү чакан парникте даярдап, андан соң күнөскананын ичине 30–75 см аралыкта эгип чыктык. Ар кандай мите курт, зыянкеч жана илдеттер-

ге каршы чараларды көрдүк. Мурда дыйканчылык кылып жүрсөм да, көп нерсени билбептирмин. Маалыматтын баарын долбоордун алкагында уюштурулган окуулардан үйрөндүм. Көпчүлүк дыйкандар күнөсканалардан пайда ала албаганына бирден бир себеби, эгиндин жакшы өсүүсүн шарттаган иш-чаралардын убагында жана сапаттуу аткарылбагандыгында деп айтаар элем. Мени көрүп коңшуларым да күнөскана курганы чыгынып жатышат. Ушул 1 сотых жерден 72 000 сом таза киреше алдым. Бул жазгы сезондон. Августта жерди бир ай эс алдырып бадыраң айдаганбыз. Азыр түшүмүн сата баштадык. Кызым экөөбүздүн мээнетибизге Бишкектеги эки студентибизди окутуп жатабыз.

л жайында сугат учуру келгенде суунун жетишсиздигинен нааразы болушчу. Анткени арыгыбызда камыш өсүп анын кесепетинен суунун жарымы талааларга жетчү эмес. Евро Биримдиктин колдоосуна, Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматына терең ыраазычылык билдирем. Ушул долбоордун колдоосу менен узундугу 380 метр каналыбыз бетондолду. Демек, 400 гектар жерди биз суу менен камсыз кыла алабыз. Каналдын курулушу 1 млн 284 миң сомго турду. Анын ичинен 284 миң сому элдик

салым болду. Жалпы Сакалды айыл аймагында 3662 гектар сугат жер бар. Аны төрт СПА тейлейт. Биздин “Сүйүнбай-Суу” СПАга 1149 гектар жери туш келет. Анын ичинен 960 гектары үлүш сугат жер болсо,153 гектары үй жанындагы огород болуп саналат. Бул абдан жакшы гранттык колдоо болду. Бетондолгонго чейин бул жер камыш болчу. 380 метр жерден өткөнчө ушул суунун жарымы жоготууга учуроочу. Эми мынтип оңуп эле калдык, эл да ыраазы, рахмат Сиздерге!

Бул иш-чара Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматы жана DCA Central Asia уюмунун өнөктөштүгү астында иш жүзүнө ашырылып, Европалык Биримдик тарабынан каржыланган «Жергиликтүү жамааттардын бизнес демилгелерин колдоо аркылуу айылдагы жакырчылыкты азайтуу» долбоорунун алкагында иш жүзүнө ашты.

ЖА АКК


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

3

ыраазычылык билдирем! Көптөн бери күнөскана курсам деген оюмду 3 жыл мурда ишке ашырдым. Күнөскананы куруу боюнча тажрыйба алуу үчүн көп жерлерди кыдырдым.

Италияга болгон сапарда..... ЖА АКК фермерлер менен биргеликте 18 жылдан бери кошумча киреше табууну көздөгөн иш-чараларды иштеп чыгып, дыйкандар өндүргөн продукцияларды кайра иштетүүдө өз салымын кошуп келе жатат. ЖА АККнын бирден бир өзгөчөлүгү жаштарга болгон мамилеси өзгөчө, аларды айыл чарба тармагына болгон кызыгуусун арттырып, алдыга сүрөп, кеңешин берип келүүдө. Элдин турмушун аз да болсо жакшыртууга далалаттанган бул уюмдун дагы бир жаш адиси мен Юлдошев Алишер “Тоолу Агро-Экосистемаларда Азыктануу” (ТАЭСА) долбоорунун алкагында Италиянын борбору Римге барып, андагы конгресске катышып келдим! Бул сапардын себеби, ТАЭСА долбоорунун алкагында Ала-Бука районунда аялдардан турган топ түзүп, “Мөмө-жемиштерди кургатуучу шкаф” куруп берип, окуттум. Топтун мүчөлөрү уюшкандык менен кургатылган кактарды биргеликте кургатышып, базарларды сатып пайда көрүштү. Андан сырткары түркүндөштүрүп тамактануу, аз кандуулуктун алдын алуу, толук

кандуу тамактануу боюнча окуулардан өтүштү. Көпчүлүгү, ошол кургатып алган кактарын кышкыга балдарына компот жасап берүү үчүн сактап да коюшту. Ушул ишаракеттердин негизинде англис тилинде ийгиликтүү баяндама жазып, ал баяндама долбоордун жетекчилери тарабынан жактырылып, ошондон улам ФАО уюму уюштурган 44чү жыйынтыгында, Италия мамлекетинин Рим шаарындагы өткөрүлгөн конгресске катышып келдим. Конгрессте ФАОнун башка көптөгөн долбоорлору жөнүндө маалыматтар алдым, үйрөндүм жана өзүмө тажрыйба топтодум. Келечекте аткарыла турган долбоорлор жана ийгиликтүү жетишкендиктерди көрсө болот экен. Жалпы эле жаштарга айтаарым, англис тилин үйрөнүп, билген чоң мүмкүнчүлүк. “Тил билсең - дил билесиң” дегендей, чет өлкөдөгү көптөгөн семинар, конгресс же симпозиумдарга катышса болот. Жогорууда айтылган долбоорду аткарууда жана чет мамлекеттерге барып катышууда көп жардам берип, өзүнүн салымын кошкон долбоордун улуттук фасилитатору Караева Махабат эжеге өз ыразычылыгымы билдирип кетем! Алишер ЮлДоШЕв

Ыраазычылык билдиребиз!

ЖА АКК – биздин жакын жардамчыбыз.... Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматынын (ЖА АКК) Базар-Коргон району боюнча консультанты Абазова Айжамал Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын (БУУДАТП) алкагында Базар-Коргон районунун төрт айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү окутту. Тактап айтканда райондогу Могол, Кеңеш, Бешик-Жон жана Базар-Коргон Айыл аймактарынан бардыгы болуп - 1869 айыл тургундары окутулуп, алар ун жана май азык-түлүктөрү менен камсыз болушту. Ошондуктан Базар-Коргондук аялдардын жана аялдар

кеңешинин атынан Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматынын адиси, жогорудагы иш-чараларды жетектеген Алмаз Эшенкуловго, Базар-Коргон районундагы консультанты Айжамал Абазовага, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын өкүлү Исманалиев Дилшодго терең ыраазычылык билдиребиз! Турсунай МАМАЖАНовА, Базар-Коргон райондук аялдар кеңешинин төрайымы, Базар-Коргондогу №8 балдар бакчасына ысмы ыйгарылган эмгек ардагери.

Мисалы: Араван, Сокулук райондоруна чейин барып, кышкы күнөскананы кантип курса болот жана анын ичин жылытуу үчүн мештерин курууну үйрөнүп келдим. Келип 3 сотых жерди 1 метр тереңдикте казып, өз огородума күнөскана курдум. Биринчи жылы жашылчаларды өстүрүү боюнча тажрыйба жок болгондуктан, бадыраң эгип, өстүрө алганым жок. Экинчи жылы Өзбекстандан туугандар келип, помидор эгип, бир аз жакшыланды. Күзүндө өзүм укроп, көк чөптөрдү, пияз уруктарын сээп, кыйла каражат таптык. Биздин мектепте ЖА АКК жетектеген «Менин кирешелүү чарбам» (МКЧ) деген аталыштагы долбоор келип, алардан бир топ кеңештерди алып иштей баштадым. Долбоордун алкагында ЖалалАбад шаарына бир жумалык курска дагы барып окуп келдим. Мен күнөскананы жакшы иштете албай калгандыгыма байланыштуу биротоло токтотуп койсомбу деген ой да келген болчу. Тренингге катышкан соң мындай ойду такыр башымдан чыгарып салдым. Ал жерде бир эле окуучуларга эмес, окуучуларды алып барган биз - мугалимдерге да бизнес жүргүзүүгө чоң түрткү берди. Көрсөткүчтөр

Өлчөө бирдиги

Саны

Күнөскананын аянты

сотых

3

Көчөттүн саны

даана

800

Алынган түшүм

кг

2700

Киреше

сом

117135

Чыгым

сом

20700

Таза пайда

сом

96435

Ошентип, ЖА АККнын Найман айыл өкмөтү боюнча жооптуу консультанты менен биргеликте иштей баштадык. Быйыл 12-март күнү күнөсканага «Садин» гибридиндеги помидир көчөттөрүн отругузуп, ЖА АККнын агроному Абдилхамидден кайсы убакта, канча суу, канча жана кантип азык берүү, кайсыл убакта дарылоо керектигин сурап олтуруп, төмөндөгү натыйжаларга жетиштим. Азыркы учурда күнөсканада бадыраңдын «Орзу» гибридин өстүрүп жатам. Биринчи түшүмдөрүн алып жатабыз. Буйруса жакшы түшүм алам деген ниеттемин. Мени бир жолго салып, иштериме чоң жардам бергендиги үчүн Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматынын кызматкерлерине өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылыгымды билдирем! Абдыгулам АЖиМАТов, Ноокат районуна караштуу Найман орто мектебинин мугалими

Холисхон апа суу көйгөйүнөн арылды

«Эл башы болгуча, суу башы бол», «Суу кордогон кор болоор, суу сыйлаган зор болоор» демекчи суу болсо да болбосо да көйгөй жарала берет тура. Буга мисал, Араван районуна караштуу ЧекАбад ААнын тургуну Байдуллаева Холисхон апанын ийгиликтүү баяндамасынан окусаңыздар болот. Холисхон Байдуллаева апа 70 жаштагы пенсионер, 6 уулкызды чоңойтуп, өстүргөн. Учурда ал мүмкүнчүлүгү чектелген кенже уулу менен чогуу бир үйдө жашашат. Кээ бирөөгө суу тартыш болсо, тетирисинче булар сайдын боюнда, каналдын башында жашагандыктан суу көптүгүнүн айынан көйгөй жаралып отурат. Холисхон апанын эшигинин алдынан өткөн арыктан көпчүлүк дыйкандар огородун сугарат. Холисхон апанын айтуусуна караганда: «Жамгыр жааганда жана суу көп келип калган учур-

ларда арыктын эни тар болгондуктан суу ашып-ташып малканасы кыйроого учураган. Жашаган үйүнүн жер төлөөсүнө суу толуп калган. Буга төмөнкү себептер бар: - Менин эшигимен өткөн суудан пайдаланып алган дыйкандар эгинин сугарып бүткөндөн кийин сайга барып сууну буруп жиберишпейт; - Арыктын эни тар, бетондолбогон суу көбөйсө ашып-ташып кетет. Ошол учурда сайга барып сууну буруп жиберүүгө туура келет. Түнү сугат сугарып жаткандар даттанып башташат.

Эшигимдин алдынан суу өткөрбөйм десем, дыйкандар келип нааразы болушту. Алар менен биргеликте бетондотуп алалы деп 35 адам арыз жазып кол коюп, бирок кимге барып арызданышты билбедим. Сууга төлөп койгула деп мурап келип калчу, ошол балага арызданып эле кала берчү элем. Көрсө биздин айылда «Сахий-Дарё» деген Суу Пайдалануучулар Ассоциациясы (СПА) деген ишкана бар турбайбы. Өткөн жылы ЖА АККдан бир кыз келип, каналды сүрөткө тартып, сууну натыйжалуу пайдалануу боюнча изилдөө жүргүзүп жатабыз деп, мага сугат суу боюнча суроолорду берип жазып кеткен. Мына эми быйыл 40 метр чакан канал бетондолуп, мен да ыраазы, эл да ыраазы. Канал бетондолгондон бери уйкум тынч, мурда качан суу каптап кетет экен деп улам уйкумдан туруп, каналды акмалап эле жүрчүмүн. Мына бүгүн келип аялдарды чогултуп, өзүн-өзү баалоо ишчарасын жүргүзүп кетишти. Бул жерде да көп нерсени түшүнүп жеттик. Менде суу ашып-ташып жатса, каналдын этегинде жашагандар сууга зар болуп жатышыптыр. Сууну акыйкаттуу, бардыгына бирдей, тең бөлүштүрүү боюнча долбоордун жардамы менен иш жүзүнө ашты. Карапайым элге жардам берген уюмдарга рахмат айтам»! Насипа МАМАСАлиЕвА


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

4

«Бизнес-идеялар» сынагында жеңүүчү окуучулардын ийгиликтери Долбоор алкагында бизнес-идеяларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу боюнча окуучулардын арасында сынак жарыяланган. Сынакка улай, бизнес тренинг өткөрүлүп, ага 14 мектептен 33 окуучу катышып, анын ичинен 10 окуучу жеңүүчү деп табылган эле. Алардын бизнес идеялары долбоор тарабынан каржыланып, окуучулар аны иш жүзүнө ашырууда мыкты ийгиликтерге жетишти.

сынактын максаты:

1. Окуучулардын ишкердүүлүк, маркетинг жана өзүнүн огородун натыйжалуу пайдаланууну, бизнес-идеяларды жазууда алардын билим-шыктарын жогорулатуу; 2. Менин кирешелүү чарбам курсунда алган билим-шыктарын активдештирүү жана жаштарды мотивациялоо; 3. Окуучуларды жергиликтүү ресурстарды жана сууну натыйжалуу пайдаланууга окутуу жана үйрөтүү.

Төмөндө окуучулардын жараткан ийгиликтеринен маалымат беребиз: Жыргалбек уулу Эрлан – Ноокат району, Найман мектебинин 11-классынын окуучусу. Ал 60 м2 аянтка күнөскана куруп, анда помидордун Садин F-1 гибридин 5 жөөктө помидор жана 1 жөөктө бадыраң өстүргөн. Алынган түшүмдөн – 90 кг тамак-ашка колдонду, коңшуларга, тууган-туушкандарга берилди. 250 кг помидорду 25 сомдон сатып, 6250 сом пайда тапты. Медетов Эмир – Сокулук району, Биримкул атындагы мектептин 9-классынын окуучусу. Бизнес идеясынын аталышы «Култ-култ», ага мөмө-жемиш сыгып чыгаруучу аппарат алынып берилген. Төмөндөгүдөй кызматтарды аткарды: Алма ширеси - 2 чака х 45 сомдон = 90 сом; Өрүктүн ширеси – 16 чака х 40 сом = 640 сом; Помидордун ширеси – 5 чака х 35 сомдон = 175 сом. Кулпунай – 5 чака х 35 сомдон = 175 сом; Малина – 6 чака х 30 сомдон = 180 сом. Жалпы – 1260 сом киреше алды. Өткүр уулу Белек – Лейлек району, Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы мектептин 10-классынын окуучусу. Бизнестин-идеясынын аталышы "Жечи мени" деп аталып күнөсканада жашылчаларды өстүрүү боюнча аткарды. Күнөсканан аянты 40 м2. Жазында помидор өстүрүп саткан. Учурда – укроп, петрушка ж.б. көк чөптөрдү өстүрүүдө. Кирешеси: Помидор – 106 кг х 30 сом = 3180 сом; Бадыраң - 128 кг х 25 сом = 3200 сом. Жалпы – 6380 сомдук киреше алган. Холилова Ноила – Араван району, М.Улугбек атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу. Темасы - мөмөжемиштерди кургатуу. Тажрыйба алмашуу семинарында кургаткан продукциясына этикетка даярдап, презентация жасады. Кирешеси: Өрүк – 60 кг х 100 сом = 6000 сом, Помидор – 14 кг х 50 сом = 700 сом. Жалпы – 6700 сомдук киреше тапкан. Абдуллаева Насиба – Кадамжай району, М. Курбонов атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу. Шыпыргы өстүрүү, идеянын аталышы "Супер келин". Кийин, бизнес-идеясын күнөсканада помидор өстүрүүгө өзгөрткөн. Кирешеси: Тамак-ашка колдонду 54 кг х 20 с = 1080 сом; Сатылганы – 102 кг х 20 сом = 2040 сом; Консервациялашты – 86 литр х 70 сом = 6020 сом. Жалпы кирешеси: 9140 сомду түздү.

Таваккал кызы Насиба – Кадамжай району, А.Юсупов атындагы мектептин 10-классынын окуучусу. Бизнес-идеясынын аталышы "Сулуулук сыры малинада". Ал 0,08 га аянтка малина өстүрдү. Жыйынтыктарын регионалдык тажрыйба алмашуу семинарында жана «ООН-женщины» түзүмү тарабынан келген миссияга даңазалады. Кирешеси: Жалпы 60,5 кг малинаны 52 сомдон сатып – 3365 сомдук киреше тапты. Тапкан пайдасына – аммофос жер семирткичин сатып алган - 7 кг х 29 с = 203 сом, Фосфор – 7 х 16 с = 112 сом. Жалпысынан – 3365 -315 = 3050 таза пайда тапкан. Шавкатжон уулу Аббос – Кадамжай району, Токтогул атындагы мектептин 10-классынын окуучусу. Темасы - күнөсканада жашылчаларды өстүрүү "Өнүгүү". Кийин, бизнес идеясын мөмө-жемиштерди кургатууга алмаштырган. Аббостун чоң атасы – Дадажанов Юлдашбай тажрыйбалуу фермер, ал небересин дайыма колдойт. Алар биргеликте төмөндөгүчө киреше алышты: Өрүк – 100 кг х 250 с = 25000 сом; Шабдалы – 200 кг х 40 с = 8000 сом; Нак – 50 кг х 100 с = 5000 сом; Гилас – 20 кг = 2000 сом; Жалпы – 40 000 сомдук киреше табышкан. Чыгымдар – өрүктүн, шабдалынын, нактин, гиластын жаңы мөмөлөрүн сатып алууга – 6900 сом чыгымдалды. Жалпы пайда - 40 000 сомду түздү – андан чыгашаны 6900 сомду кемитсек = 33 100 сом таза пайда табышкан. Руслан кызы Диана – Сокулук району, Биримкул атындагы мектептин 10-классынын окуучусу. Мөмө-жемиштерди кургатуу, идеясынын аты "Буй-буй". Алма, помидор жана нак кургаткан. Андан сырткары помидор менен бадыраң өстүрдү. Огородун мыкты карагандыктан регионалдык тажрыйба алмашуу семинарында ийгиликтерин окуучуларга, мугалимдерге жана жергиликтүү тургундарга бөлүштү. Кирешеси: Өрүк – 5 кг х 150 = 750 сом; Алма – 10 кг х 100 = 1000 сом; Нак - 7 кг х 75 = 525. Жалпы пайдасы – 2275 сомду түздү. Мавлонова Дилера – Араван району, М.Улугбек атындагы мектептин 11-классынын окуучусу. Темасы - ачык грунтта бадыраң өстүрүү. Идеясынын аты "Көтөрүп ала кач". Дилёранын айтымында «Алгач базарга изилдөө жүргүздүм, бир нече дүкөндөрдү да кыдырып көрдүм. Сатуучулар айтышты бадыраңды консервациялап койсоң көпчүлүк эл кышында сатып алат. Ошондуктан, бадыраңды экинчи эгинге эгип, банкаларга туздап, кышкыга катып койдум». Апасы менен биргеликте 60 литр туздашкан. 60 л х 80 с = 4800 сом. Мындан сырткары мөмө-жемиштерди кургатуу менен алектенди: Өрүк – 60 кг х 100 с = 6000 сом; Алма – 8 кг х 50 с = 400 сом; Көк чөптөр 1 банка кышкыга кургатып алды. Жалпы - 11 200 сом пайда тапты. ЖА АКК


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

5

Европалык Биримдик тарабынан каржыланып жаткан «Жергиликтүү жамааттардын бизнес демилгелерин колдоо аркылуу айылдагы жакырчылыкты азайтуу» долбоору DCA Central Asia жана Жалал-Абад Айылдык Консультациялык Кызматы тарабынан аткарылууда Жалал-Абад ш., Курманбек көч., 10. Тел.: (03722) 50911 Эл.дареги: rasja@rasja.kg, m.karaeva@rasja.kg

Талбас эмгектин акыбети кайтат

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда көлмөлөрдө балык өстүрүлөт.

Кºлмºлºрдº балык ºстїрїї кºбºйдї

б

ул айылдын жергиликтүү эли чакан үлүш жеринде дыйканчылык менен жан сактап келет. Тилекке каршы, бул үлүш жерлер да адамдын санынын өсүшү менен кыскарып баратат. "Күнөскана наристе сыяктуу. Аларга ар дайым көз салып туруу керек. Кечээ эле тойдон бир жигит менен сүйлөшүп калдым. Анын помидор көчөттөрү чирип, куурап баратыптыр. Бул да болсо күнөскананын өзгөчө көңүл бурулуп, дайыма көзөмөл алдында болуусу керектигинен дагы бир кабар" - дейт Кадырбек мырза.

К

ытайда мындан 3750 жыл мурда эле балык өстүрүү үчүн көлмөлөрдү жасаганы белгилүү, ал эми андан бир канча кийин (биздин эрага чейинки 1120 жыл илгери) балыктын түрлөрү товар катары пайдаланылган. Тамак азыктары боюнча изилдөөчүлөр адамды сиңимдүү, витаминдүү жана пайдалуу заттары бар азыктар менен камсыз кылуу маселесинин үстүндө баш катырып келишкен. Ал эми балык мына ушундай эң пайдалуу, витаминдерге ээ, анда белок, май, адамдын ички органдарына пайдалуу азык-заттардын эң маанилүү булагы. Балыктын этинде 15-20% белок бар. Ушул эле көрсөткүч боюнча судак балыгы тоок этинен, сазан - уй этинен жогору турат. Ошондой эле балыктын белогу сапаттуу келип, алмаштыргыс аминокислоталардын курамынан турат. Балыктын калориялуулугу 100 граммында 100-200 ккалга ээ. Бул эттен бир аз гана кем көрсөткүч. Ошондуктан кимдир бирөө ашыкча толуп кетүүнү каалабаса, анын тамактануу рационунда балык дайыма орун алышы керек. Мындан 10-15-жыл мурда Токтогул районунун табигый көлмөлөрүндө, дарыяларда – карп, сазан, толстолоб жана башка тузсуз сууларда жашоочу балыктар пайда боло баштаган. Бирок кийинки жылдары адамдар балыктарды ченемсиз кармап, пайдалангандыктан алар жок болгонго чейин барган.

Мурда адамдар балыктын пайдалуулугун билишкен эмес, маани да беришпеген, аларды базарда сатууга кызыгышчу. Бир жылда 1-2 жолу гана балык жешчү же болбосо балык менен тамактануунун жол-жобосун билишпеген. Балыктын ден соолукка пайдалуулугу жөнүндө маалыматтарды уккандан кийин, ошондой эле көлмөлөрдө балык өстүргөндү көзү менен көргөндөн улам, алардын мурдагы ой-пикири өзгөрө баштады жана жасалма көлмөлөрдү жасап, балык өстүрүп, базарга балык сатпаcтан, үй-бүлөсү, балдары менен балык жеп, ден соолуктарын бекемдөөгө кызыга башташты. Балык өстүрүүгө кызыккан ар бир адам өзүнүн участогунда көлмө жасап алса болот. Ага кызыккан адамдар ал көлмөгө келип, сурап, балык өстүрүү боюнча пикир алмашып турушат. Өз көздөрү менен көргөндөн кийин, өздөрү көлмө жасап, балык өстүргөндөрдүн саны артат. Токтогул районунун Ак-Тектир айылындагы балык өстүргөн көлмөнү көрүшкөндөн кийин, балык өстүрүүгө кызыккандар көбөйдү. Алар, сөзсүз түрдө өздөрүнүн участкаларында көлмө жасайбыз дешти. Балык өстүрүү боюнча тренингдерден кийин Ак-Тектир айылындагы Чалов Ахматбек өзүнүн участогундагы көлмөнүн аянтын дагы 20 сотыхка кеңейтти. Алар Кыргызстандын түндүгүндөгү балык өстүргөн адистерден кеңеш алып турушат. Ушундай эле тренинг, окууларга катышкандан кийин Ноокен районунун Кызыл-

Кыргызстан айылынын тургундары А.Айдаров жана Р. Шерматов көлмө жасашып, балык өстүрүшүп жатышат. Алардын көлмөлөрүнүн аянты 10 сотыхтан турат. Ноокен районунун Параканда айылынан Тажибаевдердин үй-бүлөсү чоң болгондуктан, мурда жылына бир гана жолу балык жешкен болсо, туура тамактануунун ден соолукка тийгизген таасири тууралуу өткөрүлгөн тренингдерге катышкандан кийин балыкты көбүрөөк жегенге аракет жасап калышты. Учурда Тажибаевдердин үй-бүлөсү ар бир 2-3 жумада бир жолу балык менен тамактанып турушат: өздөрү көлмөлөрүндө балык өстүрүшөт, каалаган учурда көлмөдөн балык тутуп алып, тамактанышат. Балыктын эти өтө пайдалуу, анын курамында минералдык заттар бар: фосфордун, кальцийдин, магнийдин, темир жана калийдин аралашмалары орун алган. Адамдын организми микроэлементтерди дайыма талап кылып турат. Ошондуктан адам баласы мындай макро-микроэлементтери бар азыктар менен азыктанып турушу керек. Андай элементтер балыктын этинде бар. Демек, балыктын эти жөнөкөй гана азык эмес, адамдын ден соолугун чыңдоочу профилактикалык дарылык касиетке ээ. Ага маани берип, балыктын эти менен да азыктанууну адатка айланталы! Бул иш-чаралар Тоолуу АгроЭкосистамаларда азыктануу долбоорунун алкагында иш жүзүнө ашырылды. Долбоордун консультанты, Алтынбек БЕКЖАНов

Кадырбек өзүнүн күнөсканасы менен башка кишилерди шыктандырганына кубанып, бул ийгиликтер жөн жерден келе калбаганын баса белгиледи. "Күнөсканада өстүрүлгөн жашылчалардын зыянкечтерине каршы убагында чара көрүлбөсө, Сиздин эгиниңизди түп-тамыры менен жок кылып салышы мүмкүн. Ошол эле кезде туура жана убагында дарылоо иштери жүргүзүлсө сиздин миллионер болушуңузга эң эле мыкты багыт болоору шексиз. Көпчүлүк дыйкандар күнөсканалардан пайда ала албагандыгынын бирден бир себеби, эгиндин жакшы өсүүсүн шарттаган

Кадырбек АЙДАров – Базар-Коргон районунун Абдраимов айылынын тургуну. Кадырбек мырза көчөттөрдү өзү чакан парникте өстүрүп, андан соң күнөскананын ичине 30-75 см аралыкта отургузуп чыккан. Андан соң ар кандай зыянкеч жана илдеттерге каршы чараларды көргөн. Бул маалыматтын баарын Кадырбек мырза долбоордун алкагында уюштурулган окуулардан үйрөнгөн. Окуулардын жана кесипкөй адистердин жардамы менен быйыл чоң жана сапаттуу помидорлорду өстүрө алган. Зафаржан – кадырбек мырзанын кошунасы. Ал да долбоордун алкагында уюштурулган окууларга катышкан. "Долбоордон мен да көптөгөн жакшы пайда көрдүм. Окууларга катышып өзүмдүн чарбамда жашылча жемишти туура өстүргөндү үйрөнүп, быйылкы кирешемди көбөйтө алдым. Кадырбектин күнөсканасынан шыктанып, өз корообузга биз да күнөскана курдук" дейт Зафаржан.

иш-чаралардын убагында жана сапаттуу аткарылбагандыгында. Мисалга алсак, күнөсканадагы температура +13 градустан төмөн жана +35 градустан жогору болбошу керек. Ошол себептен күн ысыган мезгилде аба алмашуусу үчүн күнөскананын эшиктери күндүзү ачык турганы абзел" - дейт Кадырбек мырза. Бүгүнкү күнгө Кадырбек мырзадан шыктанып күнөскананы өзүлөрүнүн чөнтөгүнөн курган дыйкандардын саны арткан. Кадырбек мырзага 2016жылы Европалык Биримдик тарабынан каржыланып жаткан «Жергиликтүү жамааттардын бизнес демилгелерин колдоо аркылуу айылдагы жакырчылыкты азайтуу» долбоору тарабынан моделдүү күнөскана курулуп берилген. Э. ЭрАлиЕв


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

6

Алтын күз – түшүм майрамы!

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон Айыл Аймагындагы С.Айни орто мектебинде “Түшүм майрамы» болуп өттү. Майрамга коңшу айыл өкмөттөрдөн мектептердин мугалимдери, С.Айни мектебинин 8-9-класстарынын окуучулары, мугалимдери жана «МКЧ» курсунун окуучулары катышты. Окуучулар өздөрүнүн фантазиялары менен мөмө-жемиштерден жасашкан жаныбарлар, түрдүү гүлдөр чагылдырылган көргөзмөлөрүн презентациялап беришти. Андан кийин ар бир класс номер аткарышып, окуучулардын мөмө-жемиштерди көргөзгөн фантазияларына карап бааланып, жеңүүчүлөр тандалды.

Ошондой эле долбоор алкагында «МКЧ» курсунун окуучулары компост жасашып, алган сапаттуу үрөнүнөн өстүргөн мөмөжемиштерди көргөзмөгө коюшуп, компост салуу, жөөктөтүп сугаруу, жемиштери чоң-чоң болгондугу, сапаттуулугу тууралуу айтып беришти. Алдыңкы орунду алган класстарга Ардак грамоталар берилди. Майрамдын жүрүшүндө «МКЧ» курсу боюнча жана «МКЧ» китеби тууралуу, 10-в классынын окуучусу Жалалов Хусанжон толук маалымат берди. Андан сырткары «МКЧ»

курсуна кызыгып жаткан 8-класстын окуучуларына компост жасоо боюнча сынак өткөрүлүп, 8-а,8-в классынын окуучулары жеңишке жетишти. Башка мектептерден келген мугалимдер кызыгышып компост тууралуу суроолорду беришти. Тренер-консультант Мамашукуров Абдилхамид толуктоо иретинде компосттун жасалуу технологиясын, канча убакытта даяр болот, толук маалымат берди. Окуучулар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү, огороддорун жакшы карагандыгы, эккен үрөндөрүнөн көп киреше тапкандыгы үчүн ар бир окуучуга сыйлык иретинде сапаты жакшы – огороддо иштетүүчү темир күрөк, калак, теше берилди.

Сыйлык алган окуучуларды көргөн 8-7-класстын окуучуларынын көздөрү күйүп, биз дагы компост жасайбыз качан келип текшересиздер деп калышты. Бул да болсо окуучулардын долбоорго болгон кызыгуусу деп билүүгө болот. Башка мектептерден келген мугалимдер: “Биздин мектепте дагы компост жасатып окуучуларга "МКЧ" курсун окутсак болобу, сиздердин долбооруңар окуучуларга пайдалуу экен жана окуучуларды жакшы жакка жолдоп, убактыларын кантип өткөрүүнү үйрөтөт экен”,- деп кызыгып суроолорду беришти. Айдаркен Айыл аймагынын Алыкулов атындагы орто мектебинин химия-биология мугали-

ТООЛОР КУЛАГАНДА

(Уландысы. Башы өткөн сандарда). Гүлдүйнөсү күбүлүп бүткөн экен. Негедир ал ушу азыр мурдагы жантүгөйүн, аны менен акыркы жолу үйүгүшө чагышканындагыдай күндүн ага күлүмсүрөгөнүндөй нурун, шаркыратмалар менен токойлордун бир керемет сыр каткан дабышын, гүлдүйнө күүсүн, ургаачы барсынын мурда эч качан болбогон ыракат жыргалына баткандагы үнүн көкүрөгү ачыша эңседи. Азыр анын бири жок, гүлдүйнөсү күбүлүп бүткөн. Каңырыгы түтөгөн Жаабарс – аскар тоолордун жаңылбас падышасы, кайда барарын билбей каңгып барат. Жанга бат-

кан жалгыздык акыры бир өмүрдүн соңуна чыгарарын сезип, күнү бүтүп, түнү түшкөн бир кезди күтүп, асканын коңулунан өзүнө жатар жай издеп барат. Ошентип барат, ошол үчүн анын өмүр-күнүнүн соңундагы ажырыктын тамырындай чиеленишкен тагдырын тукуму бир жырткычтар эмес, адам баласы тең бөлүшөрүн ал таптакыр билген эмес. Ооба, Жаабарсты адамдар көргөндүр, ал аларды көргөн эмес, кээ-кээде тынч тоолорду жаңырта ок атуулар чыкканда адамдардын келгени деп түшүнчү, тарса-турстан кулагы тунуп, алардан жележортуп алыс кетүүгө шашылчу. Ошол үчүн ошол күндөн ушул күн ал адамды көргөн эмес. Жаралганда жараткан маңдайга эмне жазса жан аттуунун бардыгы ошону көрөт экен, ал акыры адам менен кез келди. Кээде кайсы бир окуянын болгон жери менен өткөн сааты боюнча да, анан калса башкысы ага катышкан адамдын тагдыртурмушун ойдо туйбас окуяга арга жок жерден мүгдүрөтө багынткан жагдайлары боюнча да биринен бири жоголбос окуялар болот, анын сыры, жандырмагы табылгыс бойдон кала берет. Бул жолу да дал ошондой обол-мурун ойго илинбеген иш болду. Болору анын санаасында да жок эле. Дил кыйноого салган бул абал акыры акыйкаттын жеңиши менен аяктайт деп ойлогон. Ооба, акыйкат дегендин өлүшү мүмкүн эмес

да. Ошондуктан жүрөгүң согуп, тамырың кагып турганда сен ошо акыйкаттык үчүн жашай бил да, сен ошо акыйкаттыкты корго, анткени сени Жараткан жарык дүйнөгө ошол үчүн жараткан. Ушундай, а бирок ошо акыйкаттык деген эмне? Ал өзү кандай? Кептин баары мына ушунда жатыры. Жума күндөн ишембиге караган түнкү турмуш агымы негедир бүгүн демейдегиден эрте башталды. Арсен Саманчин каш карая баштаган маалда адатынча ресторанга келди да, жанына жагым тартуулаган көнгөн орунуна отуруп, ич жылытар бирдемелерге заказ кылды, анан адатынча маашырлана тамекинин ыракатына кирген жок. Ооба, ал ушу пайдасынан зыяны ашкан чылымды биротоло таштаганы турат. Ошол үчүн өзү менен өзү күрөшүп, өзүнүн эркин өзү сынап отуру. Анткен менен тагдырына бириккен тамекинин кумары анын темирдей эркин талкалап, чылым чегип жаткандагы магдыраткан жанжыргал абалды кайра-кайра эс эңшерип эңсеттире берди. Анын үстүнө бир нерсени көз тешилте зарыга күткөн учурда, көңүлүң чөгүп, көкүрөк күйгөн кезеңде ар дайыма ушундай абал өзүңдөн өзүңдү азгырары айкын иш. Азыр да ошентип туру. Көз байланар маал эле, сырт тарапты карады да, көчөдөгү жарык шамдар жымыңдап, бу калаанын кан жолу менен суудай аккан автомашиналардын жарыгы анын карегинде бирде күйүп, бирде жалп өчүп жатты.

ми Айбашев Ражапали, долбоор боюнча кенен маалымат алып, “Силердин долбооруңар жакшы экен, биздин мектепке дагы барып иштесеңер, биз колдомокпуз” – деп кызыкканын билдирди. Мындан сырткары, түшүм майрамдары долбоордо камтылган 13 мектепте өткөрүлдү. Бул иш-чаралар “Сууну акыйкаттуу пайдалануу – бул туруктуу жамааттарды түзүүнүн негизи” долбоорунун Финляндия Өкмөтүнүн каржылоосунда, “ООН-женщины” түзүмүнүн колдоосунда, ЖалалАбад Айылдык консультациялык кызматынын аткаруусунда иш жүзүнө ашып жатат. Аскат ТоКТоСУНов, Долбоордун ассистенти

Азырынча бу ресторандын казаны чындап кайнай элек. Жарым-жартылайы бош, болбосо кези келип, сааты чыккан мезгилде эл дегениң батпай чыгат. Дайыма ушундай, буга таң кала турган себеп жок. Жарп жазыша баарлашып, эл шаңында эс алууну каалагандар дал ушул жерге, Эмен сейилбагынын чет жагындагы ханзададан кадырлуу, акчага бай адамдар гана бара алчу, кийин эле мынабу 90-жылдары мурдагы офицерлер үйү аталган жайды Евростилге салып, кайрадан кирген чыккыс кылып оңдоп-түзөп, көз жоосун алгыдай жасалгалаган, анан да геосаясый мааниде өтө айырмаланган «Евразия» аталыш берилген, эң кымбат ресторанга бет алышчу. Ал мына ушул жерде өзүнүн жылдызы жанар бир кезин күтүп отурат. Аны сыртынан сынай карагандар буга эмне болгон, дайыма келет, келгенде да жалгыз, жан адамга жарыгын чачпай, жылдызын ачпай келет да, кетет деп ойлошор. Кокус ал байлык үчүн эмне болсоң ошо бол деп, башынан аша тобокелдикке барып, анан ошо кумар-оттун айынан бүт баарынан айрылып сормо саздан чыгалбай, жан айласын табалбай сыздап отурган келкели кеткен ишкер болсо анда муну көргөндөр жүлүнү сыздап, жүрөгү ыйлап турганда арманды арак басат деп калган жан тура деп коюшмак. Жо-ок, анын тагдыры таптакыр башка адам эле, жакын досторун күтүп отургандай түр көрсөтүп, кун жетпес кымбат шараптан кайра-кайра кылт эттирип коюп отурган. Дил-көөнүндө күйгөн бир арманга ал каяктан минтип байланып калганын өзү деле анчалык жакшы билчү эмес. Которгон: Самсак СТАНАлиЕв. (Уландысы кийинки санда).


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

7

Эгинди сугаруунун кирешеге таасири...

Долбоордон алган сабактар руслан кызы Диана Сокулук районундагы Асылбаш Айыл аймагындагы Биримкул атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу. Диана: – Мен мектепте эки компонент менен тең иштешем «Менин кирешелүү чарбам» (МКЧ) жана «Менин бейпил жана коопсуз мектебим» (МБКМ). Мен «МКЧ» курсунда окуп көп ийгиликтерге жетиштим. Компост жасап китеп алдым, үрөн алдым. МКЧдан жашылчаларды өстүрүүнүн технологияларын абдан жакшы үйрөндүм. Бадыраңым бышып, 36 литр туздадык. Ата-эненин колдоосу керек экен, атаэнем уруксат бергени үчүн мен ЖалалАбад шаарына барып, өз бизнесимди жактап, мөмө-жемиш кургатуучу шкафты утуп келүүгө мүмкүнчүлүк алдым жана ал жактан көп достор арттырдым. Азыркы күндө кактарды кургатуу менен алекмин. Мурда алмаларды жерге же шыйпырдын үстүнө жайып кургатчубуз.

капуста

Капустаны сактоодо эң биринчи шарт – аны туура тандоо. Астыңкы жалбырактары кесилбеген, чириги жок таза капусталар гана көпкө чыдайт. Эгер сиз жер тамда жашасаңыз, узундугу 1 метр, туурасы 1,5 метр болгон чуңкур казып, астына борпоң топурак төгүп, ага капусталарды

Экөөнү салыштырсам, асман менен жердей айырма бар экен. Бул кургаткычты кошуналарым да көрүп, биз да үйгө жасап алалы деп суктанып жатышат. Диананын апасы зина эжеке: – Бул долбоорлор менен иштешкенден бери кызымдын активдүүлүгү күчөдү. Өз алдынча болуп, ой жүгүртүүсү бир топ өстү, колумдан келет деп жулкунуп турат. Сүйлөө речи да өсүп жатат, кызымын ар тараптуу өсүп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтөм, каршы эмесмин. Былтыр бизнес идеялары боюнча сыналгыга чыкканда аябай сүйүнгөнбүз. Мына эми ошол бизнес идеясы ишке ашып, как кургатуучу шкаф жасап беришти. Как кургаткыч аябай жакшы экен, таза кургайт, мурда сыртка жайганда карала болуп кургачу. Коңшу-колоңдор көрүп, кызыгып жатышат. Окуучуларга мектеп жашында огороду иштетүү боюнча окууларды сунуштаган уюмдарга рахмат айтабыз! Бурмакан КАЧКЫНовА долбоордун консультанты

Долбоор жөнүндөгү алгачкы маалыматты, мектепте Назира эжеке менен Манзура эжекеден алдым. Алар бизге долбоордун максаты, иштөө принциптери, шарттары жөнүндө кеңири маалымат беришти. Маалыматтарды уккандан кийин бизде долбоор боюнча сабактар өткөрүлдү жана компост жасоого кириштик. Мектеп боюнча биринчи компосту Алина жасады. Андан кийин Алинанын компостун көрүп, мен дагы компост жасадым. Мурда короодо кык болсо дагы биз жалаң топуракты байытуу максатында селитра колдонуп келгенбиз. Үй жаныбарларынан чыккан кык чуңкурда сакталып, 5-6 жыл өтүп, ал кык чириндиге айланган, бирок аны колдонууну үйүбүздө эч кимдин оюна да келбеген. Долбоордун алкагында органикалык жер семирткичтер жөнүндө сабактар өтүлүп, компост жасагандан кийин, биз огородубузда компост менен бул чириген кыкты да колдоно баштадык. Селитраны огороддо колдонууну токтоттук. Мен алгач компост жасай баштаганда үйдөгүлөр каршы болгон эле. Мен Алинанын компостун көрүп келгенден кийин үйдөгүлөргө түшүндүрдүм. Андан кийин мен үйдө биринчи жолу 2 компост жасадым. Быйыл компост жасоого атам жардам берет. Былтыркы даярдаган компостту томат өстүрүүдө колдонуп, төмөнкү артыкчылыктарды байкадым: ►Түшүмдүүлүктүн жогорулашы; ►Мөмөлөрүнүн чоңдугу; ►Даамдуу; ►Топурак борпоң; ►Эрте бышканы.

Биз компост жасагандан кийин, долбоор тарабынан китеп жана сапаттуу үрөндөр берилди. Китептен мага гендердик теңдик жана маркетинг багытындагы темалар жакты. Китеп жакшы жазылган, түшүнүктүү экен. Китепти үйдө атам дагы көп окуйт. Атам тоок багуу боюнча өзүнө керектүү маалыматтарды алып, учурда алган маалыматтарды колдонуп тоок багып жатат. Мен быйыл январь айында, долбоордун алкагында уюштурулган бизнес тренингге катыштым. Бул курста мен мөмөлүү дарактарды бутоо боюнча өзүмдүн бизнес идеямды жактадым. Курстун негизинде мага долбоор тарабынан бак бутоочу араа менен кайчы беришти. Бул бутоо шаймандардын жардамында атам экөөбүз 40 түп алма бутадык. Былтыр биз бул 40 түп алмадан 12000 сомдук киреше алганбыз. Быйыл алма бактарды бутап, аларды кык менен азыктандыруунун натыйжасында 1330 кг түшүм алдык, киреше 43900 сом болду. Киреше 4 эсеге жакын жогорулады. Долборго чейин биздин бакта бутоо жүргүзүлбөйт эле, ошондой эле кык менен азыктандыруу болгон эмес. Анын натыйжасында мөмөлөр майда болуп сатылбай калат эле.

Áèëèï àëû¢ûç!

тамыры менен жайгаштырыңыз. Андан соң үстүнө кургак топурактан төгүп, ороого суу кирбегендей кылып эки четинен арык казып коюңуз. Эгер шарттар туура аткарылса, капустаңыз жаздын аягына чейин касиетин жоготпой сакталат. Ал эми көп кабаттуу үйдө жашасаңыз, капустанын сөңгөгүн түбүнө чейин кеспестен, 1-2 сантиметр калтырууңуз керек. Андан соң полиэтилен кленкасы менен (атайын жашылча оролуучу жабышчаак кленка) эки каттап ороп, муздак жерде сактоого болот.

поМиДоР

Помидорду көп убакытка сактоо өтө кыйын экени белгилүү. Бирок алардын жетилүү процес-

син 1-2 айга чейин узартуу толук мүмкүн. Ал үчүн жашиктин түбүнө кургак жыгач таарындысын салып, көк помидорлорду бир катар тизүү керек. Үстүнөн помидор көрүнбөй калганча кайра таарынды сээп, экинчи катарды тизесиз. Ушундай жол менен бир нече кабат кылып тизесиз. Жашиктер салкын жерде турушу шарт. Керек маалда алдын ала жашикти жылуу жерге киргизип коюу керек. Анткени помидорлор жылуу жерде батыраак бышат.

Долбоорго чейин мен огород иштерине кызыкпайт элем. Огородко суу берилеби, жокпу билбейт элем. Ата-энемдин айткандарын гана аткарып коет элем, багуу, асыроо, киреше жөнүндө ойлонбойт элем. Долбоорго катышып, компост жасоо, окууларга катышуунун натыйжасында өз алдымча иштей баштадым. Алдыма максат коюп, ага жетишүү үчүн пландаштырууну үйрөндүм. Биздин мектепте жүргүзүлүп жаткан долбоор жөнүндө атаэнелер, айыл тургундары дагы маалыматка ээ. Мектептин участкасында иштетилип жаткан тамчылатып сугаруу системасы, ал жерде өстүрүлүп жаткан алма көчөттөрү алар үчүн жаңылык болду. Картошка үрөндөрүнө кызыккандар көп. Айыл тургундары биз өстүргөн картошканы үрөн катары пайдалануу максатында сатып алууда. Быйыл өз алдымча иштеп такшалдым. Кийинки жылы талаада жашылча өстүрүп аянтын көбөйтүү ойлорум бар. Эрландын күнөсканасы жолдун боюнда эле, көрүп жүрдүм, өтө жакшы болду. Эрландай натыйжага жетишем деп ойлойм. роза иБрАиМовА, Ноокат районуна караштуу Найман орто мектебинин 10-классынын окуучусу.

аШкабак

Ашкабакты салкын жайда сактоо керек. Аны сактоодогу эң маанилүү шарт – бир турган ордунан козгобоо. Кабыгында тактар жана чириги жокторун тандап, кыймылдатпай тизип коюңуз. Жогорудагы негизги шарт аткарылган болсо, бөлмө температурасында да сактоого мүмкүн.

ЖА АКК


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

8

Европалык Биримдик тарабынан каржыланып жаткан «Жергиликтүү жамааттардын бизнес демилгелерин колдоо аркылуу айылдагы жакырчылыкты азайтуу» долбоору DCA Central Asia жана Жалал-Абад Айылдык Консультациялык Кызматы тарабынан аткарылууда Жалал-Абад ш., Курманбек көч., 10. Тел.: (03722) 50911 Эл.дареги: rasja@rasja.kg, m.karaeva@rasja.kg

Ж

алал-Абад Айылдык консультациялык кызматы (ЖА АКК) жергиликтүү дыйкандардын жана тургундардын экономикалык абалын жакшыртууга айыл чарбасын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча өз салымдарын кошуп келе жатат. Бул максаттарды улай ЖА АКК тарабынан "Жергиликтүү жамааттардын бизнес-демилгелерин колдоо аркылуу жакырчылыкты азайтуу" деген аталышта элдин аз камсыз болгон катмарына багытталган дагы бир долбоор аткарылды. Долбоор Европа Биримдиги жана DCA Central Asia уюму тарабынан каржыланып, Жалал-Абад облусунун БазарКоргон, Ноокен, Токтогул, Тогуз-Торо райондорундагы 20 айылды камтып, ага 858 кожолук тартылды. Тартылган 858 дыйкандын 52% аялдар жана кыз-келиндер түзөт.

Д

Мында жамааттарда жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу иштетип, айылчарба боюнча инновациялык ыкмаларды жана сапаттуу өндүрүш каражаттарын колдонуп, түшүмдү жана кирешени жогорулатуу боюнча жумуштар жүзөгө ашырылды. Албетте буларды иш жүзүнө ашырууда керектүү окууларды, консультациялык көзөмөлдү ЖА АККнын эксперт-адистери - агрономдору, мал чарбасы жана тамчылатып суугаруу боюнча бир топ адистери жүргүздү.

Жетишкендиктер:

олбоор алкагында 35 демонстрациялык талаа жасалды. Бул алдыңкы технологиялар тандалган дыйкандын чарбасында түптөлүп, андан ары бардык кызыккан айылдаштары жана башка кызыгуучулар келип көрүп, көнүмүш болуп калган адаттык технология менен салыштырып, анын түшүмгө жана кирешеге таасирин көрүп, ынанышып, андан ары колдонгонго өбөлгө түзүлдү. Натыйжада - 9 аянты чоңураак (0,01 сотых моделдүү) жана - 45 чакан (аянты 40 м2 жөнөкөй ) күнөсканалар курулуп, анда дыйкандар жашылчаларды өстүрүп, алгачкы түшүмдөрдү жана кирешелерди алышты. Орточо алганда моделдүү күнөсканалардын фермерлери 2300 кг продукция өндүрүштү. Тоолуу Тогуз-Торо жана Токтогул райондорунда салыштырмалуу азыраак болду. Ал эми алдыңкы дыйкандарда түшүм 6 000 кгга чейин жетип, кирешелери 120 000 сомго айланды.

Долбоо

Д

олбоордо 14 топ 1 сотых аянттагы огородуна жашылча эгип, мында сапаттуу үрөндөрдү пайдаланышып натыйжалуулугуна ынанышты. Эки жыл ичинде сапаттуу үрөн пайдаланып өстүргөн кыз-келиндердин 1 сотых огородунан алган түшүмү орто эсеп менен 70%га өстү, ал эми кирешеси 80% дан жогору болду. Бул топтогу мүчөлөрүбүз сапаттуу үрөндөрдү чоң талааларына алып колдоно башташты. Мындан тышкары парник жасап, анда көчөт өндүрүп, кошумча киреше алууну да үйрөнгөндөрү болду. "Булардын мөмөлөрү - көрүнүшү, даамы, жолдо эзилбей, көркөмдүү, базарга сүйкүмдүү, өтүмдүү болот турбайбы!" - деп эжекелерибиз жана кызкелиндер пикир бөлүшүп жатышты.

Д

Ч

акан күнөсканаларда болсо өстүргөн бир сезон ичи (жазгы) орточо алган түшүмдөр 600-650 кг болуп, орточо таза кирешелер 23 570 сомго барды. Эскерте кетсек - мындай чакан күнөсканаларда эки түшүм алууга болот, эрте жазгы жана күзгү. Мында да алдыңкы дыйкандардын кирешелери 53 000 сомдон ашты. Салыштырмалуу карап айтканда, көпчүлүк дыйкандар талааларда беде, пахта өстүрүп келишүүдө, алардын 1 сотых жерден тапкан кирешесин карасак: пахтадан - 1 164 сом, бедеден - 360 сом, жүгөрүдөн - 800 сом таза киреше алууда.

олбоордо багбанчылык көйгөйлөрүнө карата биз бактарды да демонстрациялык талаа катары жасап, анда жергиликтүү дыйкандарды топторго бириктирип, практика жана теория жүзүндө окуттук. Дыйкандар көчөттөрүн эгүүдөн баштап, асыроо, кыркуу, улаштыруу, суугаруу - учурларында кандай өзгөчөлүктөр бар экендигин үйрөнүшүп, өздөрү да колдоно башташты. Бул ыкмалардын натыйжалуулугун көргөн дыйкандар биринчи жылда "кокуй, кой кеспе, көп алып салдың, болот бул, кеспе" дегендер, долбоордун экинчи жылында эрте телефон чалып, бизге келип бутап берсеңиздер деп сурангандары да, бутоо кызматына төлөгөндөрү да, үйрөнүп өздөрү бактарын бутагандары да болду. Бактын четинде эле чакан 1 сотых жерде питомник тигилип, анда мөмөлүү дарактардын көчөттөрүн өстүрүп, андан 3-жылы киреше алуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги дыйкандарга көрсөтүлдү.

М

ындан сырткары 16 айылдын 200гө жакын тургундарына жумуртка багытындагы тооктор берилип, аларды багып асыроонун жолдору боюнча окуулар уюштурулду. Азыркы учурда 20 тооктон таза киреше түрүндө ай сайын 2000 сом пайда алып, ал да болсо кошумча киреше экендигине ынанышып жатат. Исмаилова Гүлсүн эженин айтымында: " Жумуртка кеңири жеп калдык, арткандарын сатабыз. 1 кап ун, 3 литр май, шекер аламын. Үйдө отурган кожойкелер үчүн бул кошумча киреше да, себеби тоокторду кароо көп убакыт талап кылбайт". Дыйкандарыбызга тооккана кандай болууга шарт, ал да түшүндүрүлүп типтүү тооккана жасалып, практика жүзүндө көрсөтүлдү. Убагында эмдөө жүргүзүү менен тооктордун дени сак болушун жана ага жумуртка берүүсү да байланыштуу экендигин дыйкандар түшүнүп, өздөрү орто фонд түзүп, ага керектүү эмдөөлөрдү алып жатышат.


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

9

Европалык Биримдик тарабынан каржыланып жаткан «Жергиликтүү жамааттардын бизнес демилгелерин колдоо аркылуу айылдагы жакырчылыкты азайтуу» долбоору DCA Central Asia жана Жалал-Абад Айылдык Консультациялык Кызматы тарабынан аткарылууда Жалал-Абад ш., Курманбек көч., 10. Тел.: (03722) 50911 Эл.дареги: rasja@rasja.kg, m.karaeva@rasja.kg

ор ийгиликтүү аяктады тырышчаак 10 жаш консультант Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматынын башка долбоорлорунун иш чараларына фасилитатор, тренер катары тартылган. Жаш консультанттардын өзүлөрүнүн айтуусуна караганда бул окуулар профессионалдык гана эмес, балким жеке жана турмуштук сабакка окуткан. Алар бүгүнкү күндө жашоого болгон көз карашы өзгөрүп, айыл жеринде да жумуш менен камсыз болууга мүмкүн экендигине дагы бир ирет ынанышты жана алган билимдерин жана тажрыйбасын өзүлөрүнүн чарбаларында колдонуп келишүүдө.

К

амтылган төрт райондо үрөндүк картошка боюнча 9 демо-фермер сапаттуу үрөндүк картошканы эгип, алардын талааларында топтун мүчөлөрү үчүн практикалык окуулар өтүлдү. Дыйкандар мында дагы бир жолу үрөндүн сапаты абдан маанилүү фактор экендигин өз көздөрү менен көрүп түшүнүштү. 30 сотых аянттан сапаттуу үрөндүк картошка эккен дыйкандарда түшүмү да, кирешеси да 33%га өстү. Топтун мүчөлөрү жана булардын айылдаштары демо-фермерлер өндүргөн картошканы толугу менен сатып алышты. Жалпысынан 150дөн ашуун дыйкандар үрөндөрүн сатып алышты.

А

л эми Тогуз-Тородогу кыз-келиндердин "Береке" тобу долбоордон алган эмеректерди пайдаланышып, азыркы күндө сүт продукцияларынын 6-8 түрүн жасап сатып жатышат. Ноокен, Базар-Коргондогу топтор мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кургатуу боюнча атайын кургаткычтарды алышып, орточо эсеп менен 100 кгдан ашуун кактарды кургатып коюшту. Алдыңкылары 250 кгдан жогору кургатышты. Бул топтор менен ЖА АКК келечекте кооператив түзүп, биргеликте улантууну пландашты.

М

А

л эми Тогуз-Торо жана Токтогул райондорунда 2 кыз-келиндер тобу жергиликтүү кара койдун жүндөрүн кайра иштетип, андан түрдүү буюмдарды жасап киреше табышууда. Алар - тапочкаларды, машиналар үчүн отургучтарына төшөнчүлөрдү, кийиздерди, сувенирлерди, айымдар үчүн шарфтарды жасашып, жергиликтүү деңгээлде, ошондой эле ярмарка фестивальдарга катышып башташты. Азыркы күндө Токтогулдагы кыз-келиндер өндүргөн продукциянын жарымын сатып, 121 000 сом киреше алышты, Тогуз-Торолук топ - 83 660 сомдук продукция сатышты. Айта, бизде кара койдун жүндөрү жөн гана ыргытылып, өрттөлүп келет, жүнү да сатып алынбайт. Демек бул сырьего такыр суроо-талап жок. Аны кайра иштетип биздин топтун мүчөлөрү кошумча киреше жаратып жатышат.

А

йыл-чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча 4 топ түзүлдү. Токтогулдагы топ - сүттү кайра иштетүү, сапаттуу курут чыгаруу жана мөмө-жемиштерди кургатуу боюнча иш алып барышууда. Момунова Дарья эженин айтымында: "Бизде сүт көп, курут жасайбыз, бирок кургатууга шарт жок. Ачыкка жаябыз, бирок жаан жааса убагында жыйнап алууга оор болот, ачык жерде куштарга алдырсак, андан да чаң түшүп булганат. Долбоор боюнча алган кургаткычтарда абдан таза, тез кургайт экен куруттарды жая турган жерге да эконом болот экен". Келечекте бул топтун мүчөлөрү Токтогулдун мыкты брэнд курутун чыгарган топко айланышына ЖА АКК көзөмөл жүргүзмөкчү.

ындан тышкары долбоордун алкагында чакан бизнес-идеялардын сынагы жарыяланып, 11 идея колдоо көрдү. Анда балчылык боюнча Өскөнбай уулу Сүюндүктүн бизнес-идеясынан азыркы күндө алган киреше - 85 400 сомду түздү. Асылбек Турдалиев үрөнчүлүк (көчөт жана үрөн өндүрүп сатуу) идеясы боюнча 87 500 сомдон ашык киреше алууну көздөп турат. Алардын катарында Бидиярова Салиякан эжеке - чакан нан бышыруучу цех ачып, бир айда 20 000 сомдон ашык таза киреше алды. Долбоор бул идеялардын ээлерине кошумча киреше алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, колдоо көрсөттү.

Ж

ылдан-жылга сугат суунун таңкыстыгына байланыштуу көйгөйгө карата тамчылатып суугаруу системалары демо-талааларда орнотулуп, кеңири көрсөтүлдү. Мында дыйкандар сугат суунун үнөмдөлүшүн, сугарууга кеткен убакыттын, мээнеттин азайышын, өсүмдүккө илдеттердин түшүүсүнүн азайышын, жер семирткичтердин да азырак сарпталышын байкап, натыйжалуулугуна ынанышып, долбоордон көрүп 8 дыйкан өз алдынча буюртма берип, өз эгин талааларына орнотуп, пайдалана баштады. Долбоор тарабынан 20 жаш адистер тандалып айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча практикалык окуулардан өтүп учурда айыл тургундарына 2000 ден ашык окуу консультацияларды өткөрүштү. Сынактык негизинде тандалып алынган 20 жаш консультант, алардын арасынан 8 кыз, долбоор алкагында айыл чарба тармагында түрдүү темалар боюнча окуулардан өтүштү. Бул окуулардын негизинде жаш консультанттар билимдерин тереңдетип, бүгүнкү күндө аны практика жүзүндө колдонуп жатышат. Эң алдыңкы жана

М

амлекеттен өз алдынча иштеген Суу Пайдалануучулар Ассоциациялары (СПА) каражаттын жетишсиздигинен сугат каналдарында оңдоп түзөө иштерин өткөрө албай, дыйкандарыбыз сугат суулардын таңкыстык азабын тартып келүүдө. Сугат суусуз айыл чарбанын өнүгүүсүн элестетүү кыйын. Ошол себептен бул көйгөйдү жеңилдетүү максатында долбоордун алкагында ЖА АКК 4 СПА менен кызматташуу каралган. Базар-Коргон, Ноокен райондорунда тандалып алынган көйгөйлүү 4 каналда ремонттук иштер жүргүзүлдү, жалпысынан 1,792 км бетондолуп, 2.535 км узундукта механикалык тазалоо иштери уюштурулду. Жергиликтүү жамааттар да тазалоо иштерине салымдарын кошуп, колдоо көрсөтүштү. Суу Пайдалануучулар Ассоциациялардын ички чарбаларындагы каналдардын орточо 90% жер каналдар түзөт, бетондолгон каналдар өтө аз. Ошондуктан сугат суунун жоготуусу жогорулап, суунун таңкыстыгы күчөп жатат. Долбоордун алкагында камтылган 4 СПАнын чарбаларында тамчылатып суугаруу системаларын колдонуу боюнча демо-талаалар түзүлүп, анда окутуулар жүрдү. Сугат сууну туура бөлүштүрүү, сууну үнөмдөөчү технологиялар боюнча СПАлардын кызматкерлери үчүн окуулар болду.

Ж

огоруда аталган жыйынтыктардын баарын ишке ашырууда ЖА АККнын 20дан ашык адистери жумуш алып барышты. Айылдыктар үчүн долбоордо жасалган технологиялар үлгү болсун, алар да пайдаланып кирешелерин көбөйтүп, жалпы эле жаматтын экономикалык жактан өнүгүүсү жакшырсын деген максат болду. Долбоорго ар бир катышкан адам, кыпындай да болсо нерсени жаңылык катары алды, өзүнө пайдалана турган маалымат, билим-шык алды деген ишеничтебиз. Бул жамааттарга дагы да ийгиликтерди каалап, мындан ары өсүп-өркүндөшүнө биргеликте дагы да болсо кызматташабыз деп ишенебиз. Махабат Караева, долбоордун координатору.


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

10

Европалык Биримдик тарабынан каржыланып жаткан «Жергиликтүү жамааттардын бизнес демилгелерин колдоо аркылуу айылдагы жакырчылыкты азайтуу» долбоору DCA Central Asia жана Жалал-Абад Айылдык Консультациялык Кызматы тарабынан аткарылууда Жалал-Абад ш., Курманбек көч., 10. Тел.: (03722) 50911 Эл.дареги: rasja@rasja.kg, m.karaeva@rasja.kg

күнөсканада катылган сырлар “Чакан гана жерди иштетип, көп түшүм алууну өздөштүрдүм” дейт Сыргабаев Калысбек. Ал Токтогул районуна караштуу Үч-Терек Айыл Аймагынын Саргата айылынын тургуну. “Көрө-көрө көсөм, сүйлөйсүйлөй чечен болосуң” демекчи күнөсканадагы катылган сырларды үйрөнүш үчүн бир жыл күнөсканын ичинде жүрдүм. Агрономдор келсе: “ээ биз аны билебиз” деп кол шилтеп жүрсөк, эми болсо алардын кеңешин муюп угабыз, айткандарын жасайбыз. Себеби, заман менен кошо жаңылыктар, жаңы ыкмалар улам пайда болуп турат экен. Кесибим мугалим, география предметинен сабак берчүмүн. Балдар чоңойгондон кийин мектепке иштебей койдум. Бизде жер кенен, суу мол, ошол чоң аянттарда биртке эгин эгип коюп, малжандыктарды карап өмүр сүрүп келебиз. Эки жыл мурда сыналгыдан ЖА АККнын “Күнөсканада жашылчаларды өстүрүү” боюнча жарыясын угуп калдым. Мында күнөскананы кургандан баштап, түшүм жыйнап алганга чейин окутуп, үйрөтөбүз деген маанидеги жарыя экен. Мурда кызыгып жүргөндүктөн барып, акча төлөп, окуп келдим. Келип деле кай

у

льмасов Юлдашбай Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагындагы Тотия айылынын тургуну. Ал жашаган айылда негизинен жүгөрү жана шалы эгиндери көп эгилет. Юлдашбай 2006-жылдан бери “органикалык дыйкан чарбасы” менен иштейт жана Биофермер кооперативинин мүчөсү. 2016-жылда Ульмасов Юлдашбайдын короосуна IFOAMдын “Тоолуу Агро-Экосистемаларда азыктануу” долбоору менен 600 м2 аянтка күнөскана курулду.

¯ëã¿ë¿¿ äûéêàí ÷àðáàñû оРгаНикалык күНӨскаНа куРууНуН себеби ЭМНеДе?

жеринен башташты билбей мурдагыдай тиричилик өтүп жатты. Бир күнү ЖА АККнын консультанты Салтанат Жолдошева чакырып калды, бизнес-идея жазууга сынак жарыяланып жатат деп. Чогулушта түшүндүрдү, анкета таркатты. Мен да оюмда барын жазып, анкетаны толтуруп бердим. Буйрук экен, бизнес-идеям жактырылып, мына ушинтип күнөсканада жашылчалардын түрүн өстүрүп киреше таап калдым. Албетте эмгек күчү менен биригип, 50 миң сомдун тегерегинде өздүк салымымды коштум. Күнөскана бизде жаңылык болду, айыл боюнча 3 гана күнөскана бар. Моделдүү күнөскана менде курулду жана 2 жөнөкөй күнөскана курган үй-бүлө бар. Күнөсканамдын өлчөмү жалпы 120 м2 аянтты ээлейт, ичине тамчылатып сугаруу системасы да орнотулган. Биринчи жылы жакшы өздөштүрө элек болгонум үчүн, бадыраңдан жакшы түшүм ала албадым. Быйыл редиска эктим андан – 10 миң сомго жакын ки-

п

омидор дүйнөдө картошкадан кийинки эле кеңири тараган жашылча. Аны ар бирибиз билебиз, күн сайын колдонобуз. Бирок анын организмге тийгизген зор пайдасын толук биле бербейбиз. поМиДоРДуН паЙДа болуу таРыХы Помидордун мекени болуп Эква-

дор эсептелинет. Ал жакта помидор такай жашыл болуп турган көп жылдык өсүмдүк катары өстүрүлөт. Ал эми «помидор» деген аталышты бул маданий өсүмдүккө индеецтер беришкен. Өз учурунда алар муну «помидорль» деп аташкан. А француздар «помдамур» деп аташкан, которгондо бул «сүйүүнүн алмасы» дегенди билдирет. Америка ачылгандан кийин

реше таптым. Андан кийин помидор өстүрүп, андан 1 тоннага жакын жыйнап саттым. Учурда 3чү эгин - бадыраңды эгип койдум, андан 100 кгдай саттым. Эмдиги жылы жөнөкөй күнөскана куруп алып, 4 мезгилде тең күнөскана менен алектенейин деп жатам. Күнөскананы жылытуу жеңил эле болду, себеби, бизде отун кенен. Өндүргөн продукцияларымды Кара-Көлгө алып барып сатам. ЖА АККдан агроном Муктар Төрөгелдиев келип күнөскананы кургандан, түшүм жыйнаганга чейин, чоң мээнет жасап мени үйрөттү. Буйруса кызыккандар көп, алар мага келип кеңеш сураса бардыгына айтып, үйрөтөм деп жүрөм. Себеби күнөскананын мээнети күч, өзүмдүн башымдан өтпөдүбү! Мага жардам көрсөткөн ЖА АККнын кызматкерлерине, өзүбүздүн жергиликтүү консультаныбыз Динарага рахмат айтам, ишиңиздерге ийгилик! Насипа МАМАСАлиЕвА

Сузак районунун бул аймагы тоолуу район болгондуктан бул жерде өсүмдүк, жашылчалар июнь, июль айларында бышып жетилет. Ал мезгил келгиче жергиликтүү тургундар кымбат баада Кытай, Өзбекстан, Тажикстандан жашылча -жемиштерди сатып алып пайдаланышат, же болбосо акча жетишсиздигинен улам тамак-ашка жашылчаларды аз колдонушат.

лык чарба менен тааныштырып, аларды Биофермер кооперативинин колдоосу менен окутуп, ууланбаган таза продукцияларды жетиштирүүгө жана үй-бүлөсүнүн ден соолугу үчүн кам көрүүгө үйрөткөн жетекчи фермер. 2017-жылдын февраль айында бул күнөсканада гүлдүү капусталары бышып жетиштирилип, айыл элине таратылды жана калганын жергиликтүү базарда 1 килограммын 80 сомдон сатып, фермердин үй-бүлөсүнө орточо эсепте 8 000 сом киреше киритилди.

Балдардын пайдалуу, туура тамактануусун ошондой эле тоё жебестикти жана пайдалуу тамак-аштын жетишсиздигин бир аз болсо да азайтуу максатында айыл элине ушундай чакан күнөсканаларды курууну сунуштадык. Ульмасов Юлдашбайдын көп жылдык дыйканчылык тажрыйбасы бар. Ал үй-бүлөсү менен бирге айылдагы 56 кожолукту органика-

Азыркы күндө Юлдашбай аванын органикалык күнөсканасындагы ийгиликтерди көрүп, чакан органикалык күнөсканаларга кызыкдар дагы 2 фермер үйүндө 1000 м2 аянтка күнөскана курушту жана аларга консультациялар берилип жатат. Абдырасул ЭрГАШЕв Айылда кызмат көрсөтүүчү

Помидор сүйүүнүн алмасы Европага келип түшкөн бул жашылча мындай романтикалуу аталышына карабай алгач жөн гана өсүмдүк катары өстүрүлгөн. Анын мөмөсү желген эмес, уулуу болуп эсептелинген. Атүгүл айрымдар өздөрүнүн душмандарын помидор менен ууландырууга аракет жасашкан. 1800-жылдардын башында Россияда помидорду жашылча катары айдай башташкан. Элди буга көндүрүүгө окумуштуу агроном Андрей Тимофеевич Болотов көп күч жумшаган. Мына ушул окумуштуунун арты менен азыр помидор Россияда, бизде эң популярдуу жашылчалардын бири болуп калды.

поМиДоР ДаРы катаРыНДа ашказан жана боор ооруларында Ашказан жарасын дарылоодо жаңы сыгылган помидордун ширеси жакшы жардам берет. Аны тамактан кийин туз кошпой ичүү сунушталат жана бул учурда помидордун өзүн, туздалган, маринаддалган түрүн жегенге болбойт. Ширесин эки жума тынбай ичип, 10 күн эс алып кайра ичүү сунушталат. Боор оорусунда болсо мындай ыкма жардам берет: сууга бышкан 200 грамм ашкабакты кашык менен эзип, бир аз каймак, майдан кошуп, аралаштырасыз. Бул аралашмага жаңы сыгылган помидор ширесин кошуп дагы аралаштырасыз да, эки жуманын ичин-

де тамактан кийин күнүнө эки жолудан жеп турасыз. Жүрөк ооруларында Бардык жүрөк ооруларында рационго помидордун өзүн, ширесин кошуу сунушталат. авитаминоздо Адамда эрте жазда болуучу авитаминоздо адамдын териси, чачы, тырмактары бузулат. Анткени организмде бул учурда А, В1, В2, С витаминдери, темир, калий жетишсиздик кылат. Ал эми помидордун курамында булардын баары бар. күйүктү жана жараны дарылоодо Чийилип, кесилип кеткен жерге ортосунан бөлүнгөн помидорду коюуда же ширесин сүйкөөдө эртерээк айыгат. Күйүктө болсо 30 грамм помидор ширесине бир жумуртканын агын аралаштырып, дароо күйүктүн үстүнө шыбап, таңып коюу керек. Мындай ыкма ооруну басаңдатат жана теринин тезирээк калыбына келишине жардам берет.


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

Эчкинин сγтγ баалуу Улан Болотов – Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун октябрь айылында жашайт. Болотовдордун үй-бүлөсү негизинен чарбачылык менен алектенет, тактап айтканда беде менен буудай өстүрүшөт. Алар жашаган чөлкөм тоо этегинде жайгашкандыктан, ушул аталган өсүмдүктөр гана бышып жетилет.

мурда сыналгыдан көрсөк, эми өзүбүз колдонуп жатабыз!

Биздин мектеп «Менин кирешелүү чарбам» компоненти менен 2016-жылдан бери иштешебиз. ошол эле үрөн менен биргеликте өзүбүздүн мектептин 20 сотых жерине жарым карлик тибиндеги 3 түрдүү сорттогу алма көчөтү берилди. Ал көчөттөр мугалимдердин жана окуучулардын жардамы менен отургузулду. Биздин айылда сугат суунун жетишсиздигинен улам долбоор алкагында көчөттөрдү өз убагында жана сапаттуу сугаруу максатында тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп берилди. Мурда биз сыналгыдан көргөн технологияларды, эми өзүбүз чарба

сактоо максатында мулчалоо ыкмасын колдондук. Бүгүнкү күндө көчөттөрдүн абалы жакшы болду. Мектептеги «МКЧ» долбоорунун алкагында окуучулардын мындай пайдалуу, натыйжалуу аракеттерине ата-энелери дагы ыраазы болууда. Анткени окуучуларга бир эле мезгилде билим алууга, эмгектенүүгө, базар экономикасын, киреше табууга, бизнести жүргүзүүгө жана талыкпай иштөөгө үйрөтүү мүмкүнчүлүгү ачылды. Бул да болсо биздин келечек муундарыбыздын жашоосуна жакшы өбөлгө түзөт.

өсүмдүктөрүн сугаруунун жаңы технологиясын колдонуп жатабыз. Жайкы эс алууда көчөттөрдү 4 жолу тамчылатып сугаруу түтүкчөлөр аркылуу сугардык. Андан кийин ошол эле көчөттөрдү жайкы сезон мезгилинде күндүн нурунан жана температуранын өтө жогору болгондугунан, көчөттөрдүн тамыр системасынын тегерегинде нымды жакшы

Мына ошондуктан Найман айыл өкмөтү, «Найман» орто мектебинин мугалимдер жамааты жана окуучулары долбоордун жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз! Манзура БиЙМУрзАЕвА, Ноокат районуна караштуу Найман орто мектебинин «МКЧ»дан окуткан мугалим.

2016-жылдан баштап Болотовтордун үй-бүлөсү “Тоолуу Агро-Экосистемаларда азыктануу” долбоорунун алкагында сүт багытындагы эчкилерди өстүрүү менен алектенип келишти.

Ж

алолов Хусанжон Баткен облусуна караштуу, Кызыл-Кыя шаарындагы Үч-Коргон айыл аймагынын С. Айни орто мектебинде 10-в классында окуйт. Ал долбоор келгенден бери өзүндө болгон өзгөрүүлөрү боюнча биз менен маек курду. Саламатсыңбы Хусанжон “Менин кирешелүү чарбам” курсуна кантип окуп калдың? - Эң алгач биздин мектепке ЖА АККнын тренер-консультанты Мамашукуров Абдилхамид агай келди. Биздин мектеп бул долбоорго жаңы кошулуп жаткандыктан, долбоор боюнча маалымат берди. Биздин класс дароо эле биз иштейбиз дешти. Андан кийин компост жасайсыңар деп, компосттун жасалуу технологияларын үйрөттү. Ар бир класстан лидерлер шайланып, аларга компост жасаган окуучулардын тизмесин берүүнү айтты. Кийин Абдилхамид агай келип ар бирибиздин компостубузду текшерди, компост жасагандарга “Менин кирешелүү чарбам” китебин берди. Ар бир компост жасаган окуучудан үрөнгө буюртма алып кетти. Кандай үрөн алдың жана аларды кантип өстүрдүң, башка үрөндөрдөн айырмасы кандай экен? Мен картошка жана помидордун үрөнүнө буюртма бердим. Үрөндү март айларында алып келип беришти. Мен дароо эле картошкамды эктим 30 м2 жерден 64 кг түшүм алдым. Жергиликтүү картошка үрөнүнөн башкачараак, чоң-чоң болду жана даамдуу экен. Андан тышкары жаңы технология боюнча эксперимент кылып көрдүм. Анда чоң машинанын баллонунун ичине 2 кг картошка эгип, улам чоңойгон сайын баллондун үстүнө баллон кошуп топурак салып турдум. Жалпысынан 20 кг алдым. Бул ыкманын максаты - жер үнөмдүү болот экен. Башка кандай жумуштарды аткардың? Андан тышкары декабрь айында бизнес идея жаздык. Мен картошка өндүрүү боюнча бизнес идея жазып мектеп боюнча жакшы идея болгондугуна байланыштуу окуучулардан оозуп чыгып, Жалал-Абадка 3 күндүк бизнес-тренингге катыштым.

Тамактанууну түркүндөтүү жана үй-бүлөнүн кирешесин аз да болсо жакшыртуу максатында бул үй-бүлөгө сүт багытындагы эчки берилген. Сүт багытындагы эчки берилгенден тартып, сүттөн йогурт, кефир жасап балдарынын тамактануусу бир топ жакшырып калды. Бул үйбүлөгө сүттүү эчкилерди багуу,

11

асыроо боюнча тренингдер өткөрүлүп, байма-бай консультациялар берилип жатты. Бир жылда эчкиден 2 төл алынды. Эчкини ошол үй-бүлө өзүндө алып калып, төлүн кийинки аз камсыз болгон үйбүлөгө өткөрүп берди. Тамакашка пайдалангандан арткан сүттү сатып, үй-бүлөлүк бюджетин бир аз жакшырта алышты. рустам ХолДАров, долбоордун консультанты

Элдин алдына чыгып сүйлөгөндөн уялчумун

Бизнес-тренингден өткөн соң, сенде кандай өзгөрүүлөр болду? Жалал-Абадга 13 мектептен окуучулар келген экен, окуучулардын активдүүлүгүн көрдүм, жаңы достор менен достоштум. 3 күндүк окууда картошка өндүрүү боюнча бизнес идеямды бак бутоого өзгөрттүм. Жалал-Абадка барып тренингге катышкандан кийин кандай өзгөрүүлөр болду? Эмне иштерди аткардың? Тренингге катышып келгенден кийин долбоорго болгон кызыгуум артты. Бизнести пландоону, кантип бизнес кылууну үйрөндүм. Үйрөнгөнүмдү мектепке барып окуучуларга үйрөтөйүн деген сезим пайда болду. Тренингге катышкан окуучулар өтө кыйын экен, мен өзүмдө эмне үчүн мен да активдүүлүгүмдү көрсөтө албайм, алардан менин эмнем кем деген суроо пайда болду. Бул долбоор мага өз келечегиме пайдасы чоң экенин түшүндүм. Андан тышкары долбоор тарабынан секатор менен бак бутоого керектүү араа берилди жана март айларында өзүмдүн багымды бутап баштадым. Жалпысынан 28 түп алма, 8 түп кайналы, 115 түп шабдалы бутадым. Андан тышкары 8-9-класстын окуучуларына “МКЧ” курсу боюнча сабак өтүп жаттым. Бизнес тренингге барып үйрөнгөнүмдү окуучулар менен тең бөлүшүп, талкуу жүргүзүп жаттык. Окуучулардын огороддорун текшерип, активдүүлүгүмдү көрсөтүп жаттым. Өзүм да огородумду жакшы карап, компост салып, табигый жол менен өстүрдүм.

Июнь айларында активдүүлүгүм, МКЧ курсун жакшы алып барганым, огородумду жакшы караганым үчүн долбоор тарабынан как кургатуучу шкаф берилди. Анда гиларс - 28 кг, шабдалы-35 кг, алма - 30 кг кургатып, 15-25 сомдон саттым. Жалпы – 1825 сомдук пайда көрдүм. 35 кг помидор кургатып, кышкы сатыкка деп алып койдум. Хусанжон, айтсаң, как кургатуучу шкафты көрүп коңшуларыңдан кандай ойпикир уктуң? Ооба кызыгышты, кайдан таптың, кантип кургатат, канча күндө кургайт деген суроолорду беришти. Кээ бирлери кагазга схемасын чийип алып, биз да жасайбыз деп кетишти. Сен бул долбоор менен иштешкенге чейин кандай элең, азыр өзүңөн кандай өзгөрүүнү байкадың? Өзгөрүү чоң болду. Мурда дыйканчылык боюнча кабарым аз эле. Элдин арасында сүйлөштөн уялчумун. Мурда күнөсканада жашылча өстүрүп, тоок боюнча бизнес кылган болчубуз, бизнесибиз ишке ашпай калган эле, ошолордун кемчиликтерин таптым. Бардыгына көзүм жетип калды. Мектептен кийинки убактымды көчөдө топ ойноп өткөрбөй, огородумду карап, “МКЧ” китебин окуп, газеталарды, жаңылыктарды окуп өткөрүүнү үйрөндүм. Азыркы учурда инкубатор боюнча бизнес план жазып жатамын. Маектешкен Аскат ТоКТоСУНов долбоордун ассистенти


Белес Д

аанышмандан – сен кантип даанышман болдуң деп сураганда, ал мынтип жооп берген экен «Мен даанышмандыкты көзү азиз адамдан үйрөндүм, себеби ал адам ар бир кадамын кылдаттык менен так ойлонуп туруп, анан таштайт. Анткени кичинекей эле жаңылыштыктан ал тайып кетиши ыктымал». ошол сыяктуу мен Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматын даанышманга салыштырдым. Себеби, ЖА АКК даанышман сыяктуу биздин балдарыбызды эмгекке тарбиялады. Менин кирешелүү чарбам курсун кадам-кадам менен, биздин балдардын зээнине куйду, аң сезимине киргизди. Биз ЖА АККнын ыкмасын өзүбүзгө алып, биздин мектеп ЖА АКК болсо, ал эми лидер окуучуларыбыз болсо ЖА АККнын консультанттары сыяктуу

17-октябрь, 2017-жыл

айылда МКЧны таратуучулар болушат. Мен МКЧны окутууда ЖА АКК дайыма айтып жүргөн «Билим, шык, мамиле» деген идеяны Жусуп Баласагындын «Наадан көрбөйт сокур анда көкүрөк, ач көзүңдү билимге умтул тезиреек деген, Алишер Новоинин «Билбегенди сурап үйрөнгөн аалым, ардандып сурабаган өзүнө залим, «Саат сайын кайталанбаган билим, мүнөт сайын чыгып кетет» деген сыяктуу накыл сөздөрүн мисал кылып, окуучуларды окутуп келем. Менин кирешелүү чарбам курсун 6 негизги предмет менен гана байланыштырбастан, бардык предметтерге айкалыштырып өтсө да болот. Мугалимдер арасында – директор өзү айта берет, бирок аткарбайт дебесин деп, физика сабагындагы «Диффузия кубулушу» деген темага байланыштырып, өзүм алгач МКЧдан көргөзмөлүү сабак өттүм.

ЖА АККны даанышманга салыштырам

биЗДиН Мектеп МкЧ куРсу боЮНЧа 2014-ЖылДаН беРи иШтеп келет. быЙылкы окуу ЖылыНДа МеНиН киРеШелүү ЧаРбаМ куРсуНуН биЗДиН кыРгыЗстаНДыН 40 ЖылДыгы атыНДагы Мектепте туРуктуу иШтеп калыШы үЧүН тӨМӨНДӨгүДӨЙ плаНДаРДы түЗДүк: ▲МКЧ боюнча мектепте жылдык, айлык стратегиялык планга кошулган. Ал доскада илинип турат; ▲МКЧнын максатын, мугалимдердин сабактарын өтүп жаткандагы кемчиликтерин, жетишкендиктерин баалоо максатында – өзүм класстарды тандап, сабак өтө баштадым; ▲Кружок түзүп, ошол менен чогуу иштеше баштады, предметтерге – МКЧ нын ролу деген минута киргизилди; ▲КТУнун эсебинен, майрамдарда – грамота, усулдук китептер менен камсыздап жатабыз; ▲Окуучуларды бизнес менен байланыштыра баштадык; ▲Окуучулардын билим сапатын жакшыртуу максатында – ким канча жолу сабак окуду, өз алдынча практикасын кантип айтып бере алат деп анализ жасап - комиссия түзүп, окуучуларды бааладык; ▲Ишкерлер, бизнесмендер жана багбандар менен жолугушууларды уюштуруу сунуштары түштү аларды чакырып, кеңештерин ала баштадык; ▲Сабактарды класста эле өтө бербестен экскурсияга алып чыгып, дарактарды бутоону көрсөтүп анан үйрөтө баштадык; ▲Күнөскананы – багбан менен

чогуу иштеттик. Как кургатуучу шкафты да багбанга жүктөдүк. 7000 сом кирише алдык март-май айларына, 0,5 штат менен бекитип бердим; ▲Сынактын негизинде 5 айдын ичинде ким сапаттуу түшүм алып берсе – 0,5 штатты ыйгарам деп кароолго ыйгарып койдум. Анда 8100 сомдук пайда болду. Ал киши мен кышында да киреше алып келем деп азыр – теплицанын ичинде – сарымсак, татымал чөптөрдү эгип, сатып жатат. Алган жалпы кирешелерди кошуп кийинки жылга жаңы – күнөскана курабыз деп пландап жатабыз;

с

узак районунун Кара-Дарыя айылындагы Тешебаева Мавлюда эженин үйүндө жайкы мештерди куруу боюнча практикалык тренинг өткөрүлдү. Эки күндүк практикалык тренинг убагында, мобилдик сервистик бригаданын мүчөлөрү катышып, өздөрүнө керектүү тапшырмаларды алышты. Топтун лидери Авазов Эркин өзүнүн тобу менен жакшы кызматын көрсөтүштү. Жайкы мештер

12

▲Окуучулар МКЧ китебин окуп чыгышып, бул китеп университет турбайбы дешти; ▲Айылдагы 9 чакан жерден лидерлерди алдык. Айылдыктар менен да чогуу иштешип жатабыз. МКЧдан ийгиликтүү жетишкен окуучуларымдын бири Курбанбек кызы Нураиданын дил баянын сунуштайм.

Дил баЯН

План: 1. МКЧ курсунан алган пайдам? 2. Тажрыйба алмашуу семинарынын пайдасы? 3. Жыйынтыктоо.

1. Мен бул долбоордон өзүмө алган пайдам өтө көп болду. Сан жеткис десем да болот. Өзгөчө мага китеби жакты. Андагы темалар, жаңы сөздөр аябай мазмундуу экен. Биринчиден мен математикадан процент чыгарууну билген эмесмин. Экинчиден жаңы сөздөргө түшүнбөйт элем. Азыр болсо түшүнбөгөн сөзүм деле калбагандай. Ал эми үчүнчүдөн болсо атаандаштыкты үйрөндүм. Ар бир эле адамдын атаандашы болот эмеспи. Мен дагы бул долбоор башталгандан бери атаандашып жарыша баштадым. Анан дагы сөз байлыгым ого бетер көбөйүп, ораторлук жактан да тажрыйба ала алдым. 2. 2017 жылдын июль айында Кадамжай районундагы Хальмион кыштагында “Токтогул” атындагы орто мектепте өткөн тажрыйба алмашуу семинарына бардым. Мен ал жерден бадыраңдын сабагын кантип жипке байлап көтөрүүнү, помидор өстүрүүнүн сырларын, малинаны кантип көбөйтүүнү үйрөндүм. Ал жактан көргөн тажрыйбаларды келип, өз айылымда же өз огородумда жасап көрдүм. Жыйынтыгы аябай жакшы болду. Ал жактан Суу Пайдалануучулар Ассоциациясында же өкмөттүк

Практикалык тренинг азыркы учурда элдердин талабына жооп берип, кызмат кылып жатат. Ошондуктан жайкы мештерге болгон талап ашып баратат. Курулган жайкы меште 1 точкада 90 литр казан орнотулган болсо, 2-орунда 50 литр казан коюлду. Күндөлүк тамакты даярдаганга жана чай кайнатканга өзүнчө

плита орнотулду. Өзүнүн өзгөчө салымын Эргешов Батырбек жана Исманов Абытбектер кошушту. Романов Канат мурдагы тренингдерге катышып, кышкы мештерди курууда топтун лидери менен бир канча мешти курган болсо, бул тренингде да ал өзүнүнүн потенциалын дагы бир тепкичке жогорулатты.

иштерге аялдарды да иштетүү керек экендигин үйрөндүм. Абдан көп досторду арттырдым. 3. Кыскасы бул долбоор жүрөгүмдүн ортосунда калган. Сабактарда активдүү катышып, эккен эгиним жакшы болгонуна байланыштуу көптөгөн сыйлыктарды алдым. Класстагы окуучуларга сабак өтө баштадым. Башка айылдарга барып сабак өттүм. Кыскасы мен үчүн МКЧ курсу түгөнбөгөн байлык, акыл, билим берди десем да болот. Долбоор алкагында берилген сапаттуу үрөндү 3 баскычта эктим: -биринчи жолу 13-февралда станканчага эктим, -экинчисинде жерге эктим, -үчүнчүсүндө күзгү эгин жасадым стаканчада 50 даана бадыраң өндүрсөм, андан жалпысы 6 даана үрөндү жерге көчүрүп эктим. Бадыраңдын 13 даанасы өнбөй калды. Кийин июль айында 100 даана эктим, кечки же күзгү деп коюшат. Бул эгинден 11 даана үрөн өнбөдү. Мага өзгөчө стаканчада эккен менимче көп пайда берди. Жалпы киреше 300 кг бадыраң терип, андан 4500 сом киреше алдым, анын 500 сому чыгымдарга жумшалса, 4000 сом таза пайда таптым. Гүлнара иСАКовА, Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы орто мектептин директору

Курулган жайкы мештин тоголок жылытуучу системасында ичине кеткен газ оңой жол менен кетип, колдонуучу бенефициарга ыңгайлуулукту жаратат да, орнотулган казандарга бирдей жылуулук беришет. Келечекте бул топ, Сузак районунун тургундарына энерго-эффективдүү кышкы жана жайкы мештерди сунуштап, өздөрүнүн кызматын көрсөтүүгө даяр. Алишер ЮлДоШЕв, Энерго-эффективдүү мештерди куруу боюнча адис


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

Чөп түшпөстүк, анын алдын алуу Чөп түшпөстүк кой төлдөгөндөн кийин 2-4 сааттын ичинде чөбү өзү бөлүнүшү керек. Эгерде ал жатындан белгилүү бир мөөнөттө бөлүнүп түшпөсө, аны патологиялык процесс катары эсептеп, ага жардам көрсөтүү керек. Себептери. Койдун төлү начар болгондуктан, ошондой эле жатындын ичинде сезгенүү процессинин негизинде анын чел кабыктары жана тондун бириккен жери ажырабагандыктан, төлдөгөндө чөбү жатында кармалып калышы мүмкүн. Мындай абалга ар түрдүү бала салдыруучу жугуштуу ылаңдар, ошондой эле бооз койлорду туура тоюттандырбай, алардын арык, начар болушу себепкер болот. Белгиси. Жыныс органдарынан чөптүн жарым-жартылайы салаңдап турат. Кээде сыртынан көрүнбөй калган учурлар да болот. Чөп бөлүнбөгөн учурда ал жатындын ичинде чирий баштайт. Ушул мезгилде койдун жалпы абалы начарлап, жем, чөп жебей калат, температурасы көтөрүлөт.

Алдын алуу жана дарылоо жолдору Бооз койлор өзгөчө төлдөөрүнө 1,5-2 ай калганда сиңимдүү тоют менен камсыз кылынып, таза, жылуу жайга багылышы керек. Туугандан кийин жылуу, кургак бөлмөгө которуп, козусун жалатып, аларга жылуу туздуу суу берүү (бир чака сууга 10-15 грамм туз) сунушталат. 2-3 саатка чейин чөбү түшпөгөн койлорго 50-60 грамм кантты жылуу сууга эритип, ичирет. Толгоосун күчөтүү үчүн 0,1 пайыздуу прозериндин эритмесин теринин алдына 2 миллилитр куят. Чөбү түшпөгөн койлорго 100150 миллилитр сууга эритилип, 2,3-3 грамм магний хлорид ичирүү сунушталат. Эгерде айтылган дарылар бир суткага чейин жардам бербесе, аны кол менен бөлүп чыгат. Бул максатта сырткы жыныс органдары, чыгып турган чөбү дезинфекциялоочу эритмелер менен туулгандан кийин бурап, толгоосу келип, күчөнгөндө кылдаттык менен сүйөп, тартып алуу керек. Даярдаган Эгемберди Казбеков, ЖА АККнын облустук эксперт-адиси

Койлорду бордоп багуу

Койлорду бордоп семиртүү үчүн 1 күндүк рацион Тоют Чөп, кг Саман, кг Картошка, кызылча, кг Шактуу тоют, кг Жем (арпа, жүгөрү, сулу, буудай), кг 1. Койлорду бордоп багууну баштаардан мурда койдун жүнүн кыркып, сөзсүз ветеринарга көрсөтүү зарыл. Анткени, дени сак мал бат семирет жана адамдын ден соолугу үчүн да коопсуз болот. 2. Короо сарайды таза кармап, күн сайын тазалап туруу маанилүү. 3. Бордоп багуу үчүн 6-7 айлык жаш козуну алыш керек. Себеби, мындай курактагы козулар бат жетилгендиктен, 6-7 айдын ичинде эле сатканга даяр болуп калышат. Ошону менен анын сырткы көрүнүшүнө дагы баам салып, башы чоң, тулку-бою узун, куйругунун көлөмүнө да көңүл буруу шарт. Мындан сырткары анын породасына дагы басым жасоо керек. 4. Кургак жана салкын жайда багуу туура болот. Себеби, койлор ысыкта турса эттенбейт. Андыктан жайында салкын, кышында жылуу сарайдын ичинде багуу керек. Кой багылган жер 15 градус жылуу, асты кургак болууга тийиш. Бир кой бир метр квадрат жерде турушу зарыл. 5. Жаңы байлап баштаган койго азыкты аз-аздан берүү шарт. Бордолуп жаткан кой

Козунун жашы (айлар)

Чоң кой

6-8

8-10

10-12

1,0

1,2

1,5

1,0

-

-

-

1,0

1,0

2,0

2,0

2,0

-

1,0

1,0

1,0

0,2

0,25

0,3

0,3

күнүнө 200-300 граммдан кошумча салмак кошуп баштагандан кийин, кошумча жем-чөп берип, өлчөмүн көбөйтүү зарыл. 6. Кой бордоодо күнүнө жеген азыгы: кургак чөп, жүгөрү, арпа, буудайдын шагы (кээ бирлер сенаж, төө буурчак, пахтанын чигити, күнжара, кызылча, сабиз беришет). Мындан сырткары, тирүүлөй салмагына жараша минералдык тоюттар берилгени натыйжалуу болот. Чоң койго 2-2,5 грамм кальций (козу 5-6 грамм), 1-1,5 грамм фосфор (козуга 2-2,5 грамм), ар дайым туз менен камсыз болушу керек. Тузга канган мал жебей коюшу мүмкүн, андай учурда жемге туз аралаштырып берилет. Бир койго 10-15 гр туз кошсо болот. 7. Бордолгон койлорду 2 маал сугаруу максатка ылайык. Суу ичкенден соң кургак тоют, чөп берилиши зарыл. Бир койго суткасына 2-4 литр суу талап кылынат. 8. Койлорду бордоодо күнүнө бир маалда 3-4 жолу тоют берүү керек, мисалы үчүн: 1) саат 6-7де – чөп; 2) 10-11де – жем; 3) 15-16да – кызылча (картошка, силос); 4) 18-19да – чөп. Б. Нематиллаев

Ветеринардын кеңеши Фасциолез – койлордун, эчкилердин, бодо малдын жана жапайы жандыктардын ылаңы. Боор курттун бойго жеткен урук чача турган формасы боордун өт жолдорунда мителешет. Фасциолез менен адам баласы дагы ооруйт. Бул оору көбүнчө өнөкөт формада, сейрек учурда курч өтөт жана жалпы организмдеги зат алмашуу процессин бузуу менен боорду катуу жабыркатат. Боор курт менен ылаңдаган малдын кескин түрдө кунардуу-

ФАСЦИОЛЕЗ (боор курт)

дары абдан көп болушу мүмкүн. Мындан сырткары дартка чалдыккан малдын боорлору ветеринардык санитардык экспертизадан өтпөй утилге кетет. Фасциолдор – биогельминттер, б.а. өсүүсү эки организмде негизги жана аралык кожоюндарында өтөт.

Фасциолдун өсүү цикли

лугу төмөндөйт (уйлардын сүтү 25-40% азаят), эттин, жүндүн салмагы аз жана сапаты начар болот. Фасциолездон өлгөн малдардын саны айрым жаан-чачындуу жыл-

13

Фасциолдун аралык кожоюну болуп тузсуз майда сууларда жашаган үлүлдөр (Lymnaea truncatula) эсептелет. Боордогу жетилген фасциола

курту көп сандаган жумурткачаларды бөлүп чыгарат. Алар малдын өтү менен кошо айланчык ичегиге түшүп ал аркылуу сырткы чөйрөгө чыгат. Малдар фасциолдун адолескарийлери менен булганган чөп, суу аркылуу өздөрүнө ылаңды жуктуруп алышат. Малдын ичегисине түшкөн адолескарийлер сырткы коргоочу кабыкчаларынан чыгып, кан менен айланып, боорго келишет. Боордо 3-4 айдын ичинде фасциола өсүп жетилет жана малдын боорунда 3-5 жылга чейин жашайт. Кыргызстандын шартында кепшөөчү малдагы фасциолез – бийиктиги деңиз деңгээлинен 2200-2500 метрден ашпаган өрөөндөрдө гана кезигээрин көп жылдык тажрыйба жана илимий изилдөөлөр көрсөтүүдө. Мындан жогорку бийиктиктерде жана бийик тоолуу өрөөндөрдө: Кара-Кужур, Соң-Көл, Ак-Сай, Алай жана Ысык-Көлдүн сыртында фасциолдун аралык кожоюну болгон майда тузсуз суудагы үлүлдөр жок болгондуктан бул жерлерде кездешпейт. Малдар ылаңды күзүндө жайлоодон келгенден кийин түздүктөн, көбүнчө саздак жерлерден жуктурушат.

ДИКРОЦЕЛИОЗ Дикроцелиоз – ылаңын дикроцелиум ланцеатум аттуу мите курттун жетилген формасы козгойт. Бул курттун личинкасы кургактагы үлүлдөрдө жана кумурскада өсүп жетилет. Дикроцелиоз менен – бодо малдар, кой, эчки, чочко, коён, жылкы, төө ж.б. жапайы кепшөөчү жаныбарлар ылаңдашат. Мындан сырткары кемирүүчүлөр жана адамдар да оорушат. Кыргызстанда дикроцелийлер бардык зонада жана райондордо катталган жана малдардын ылаңдоосу 1-ден 40-45% чейин жетет. Ылаң аралык жана кошумча кожоюну болушкан кургактагы үлүлдөр менен кумурскалар кездешкен өрөөндөрдөн баштап бийик тоолуу жайыттарга чейин таралган. Малдар негизинен жайытта, жай жана күз мезгилдеринде бул дартка чалдыгышат.

Малды фасциолездон, дикроцелиоздон арылтуучу иш-чаралардын системасы Чарбаны фасциолездон, дикроцелиоздон арылтуу үчүн комплекстүү иштерди аткаруу керек, алардын негизгилерине төмөнкүлөр кирет: 1) Фасциолез, дикроцелиоз менен ылаңдай турган малдардын баарын, пландуу түрдө белгиленген мөөнөтүндө дарылоо; 2) Бодо малдын субайларын жана майда малдарды өз убагында бийик тоолуу жайыттарга айдоо; 3) Үлүлдөргө каршы иш-чаралар.

Фасциолезго жана дикроцелиозго каршы дарылоонун болжолдуу схемасы Дарылоо мөөнөттөрү Райондор

фасциолездо

дикроцелиоздо

биринчи

экинчи

биринчи

экинчи

Араван Кара-Суу Сузак Ноокен

ноябрь (койлорго)

январь (бардык малга)

июнь (койлорго)

декабрь (бардык малга)

Ноокат Кадамжай Лейлек Баткен Өзгөн

декабрь (бардык малга)

февраль (койлорго)

июль (койлорго)

январь (бардык малга )

Алай Токтогул Аксы Ала-Бука Кара-Кулжа

декабрь (бардык малга)

Талас өрөөнүндөгү райондор

декабрь (койлорго)

февраль (бардык малга)

июль (койлорго)

январь (бардык малга)

Чүй өрөөнү

декабрь (койлорго)

февраль (бардык малга)

июль (койлорго)

январь (бардык малга)

Ысык-Көл

декабрь же январь

январь

январь

январь

Нарын

декабрь (бардык малга)

Дарылоо. Дарт чыккан чарбаларда дарылоо-профилактикалык иштердин аралыгын 35-45 күндөн 3 жолу жүргүзүү керек: 1-чи жолу ноябрда; 2-чисин декабрдын аягында жана 3-чүсүн февралдын биринчи жарымында. Дарылоого клозантел, роленол, албендазол, фаскоцид ж.б. дарылар колдонулат. Профилактикалык максатта жайыттарды санациядан өткөзүү: буга аралык кожоюндары болушкан майда суудагы жана кургактагы үлүлдөрдүн популяциясын жана кошумча кожоюндарын (кумурскалардын уюгун) кыскартуу кирет. Жайытты жакшыртуу боюнча керектүү иш-чаралар жасалат (аз түшүмдүү жайыттарды айдап чөп себүү, бадалдарды жок кылуу, таштардан тазалоо ж.б.). Бахтияр Нематиллаев, ЖА АККнын ветеринар-консультанты


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

14

мени наймандын күзгүсү – деп макташты

аРаВанДык окуучуларга суктандым

«Менин кирешелүү чарбам» курсунда окугандан бери чарба жөнүндө толук түшүнө баштадым, менде чоң кызыгуу пайда болду. Мурда огородду отошкону эле чыкчумун, а быйыл болсо өзүмдүн үрөндөрүмдү өзүм сээп, өзүм карап, отоп, чаап, багып жатам. Долбоорго кошулуп көп нерсени үйрөндүм, маркетинг менен сатууну билбейт элем, ал тууралуу «МКЧ» китебинен үйрөндүм. Мурда үрөндү базардан алып экчүбүз, түшүмү начар болчу, быйыл бадыраң 25-июнда бышты. Бүгүнкү күнгө 41 кг бадыраң тердик, 39 литр туздадык. Дагы түшүмү көп, буйруса көп эле алабыз деп турабыз.

Окуучулар арасында тажрыйба өткөрүү бизге - окуучуларга дем күч берет экен. Мен Араван районуна тажрыйба алмашууга барып келгенден кийин, алардан да жакшы караш керек экен деп калдым. Алардын огородун көрсөң укмуш экен! Ал жактагы окуучулардын жооп бергени, мамилеси жана жөнөкөйлүгү мага аябай жакты! Айгүл БЕКТЕМировА, Сокулук районундагы Асылбаш айылындагы Биримкул атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу

М

ен 2016-жылы сентябрь айынан баштап «Менин кирешелүү чарбам» (МКЧ) курсуна катыштым. Мурда эч качан огородго кирбеген кыз элем, бул курска кошулгандан бери огороддон чыкпайм.

Өз колум менен компост жасап, долбоордон алган сапаттуу үрөндөрдү эгип, жашылчаларды өстүрүүнүн сырларын үйрөнө баштадым. Менин ийгиликтеримди көрүп, классташтарым да «МКЧ» курсуна кызыга баштады. Мурда мага МКЧдан сабак өткөн чоң класстын окуучуларына суктанчу элем. Былтыр бизге Жамшид аке 11-класста окуп жүргөн мезгилинде

биздин класстарга сабак өтүп жүрдү. Ошондон улам кызыгып, өзүмдүн классташтарыма сабак өтүп көрүүнү чечтим. Бирок теңтуштарыңа сабак өтсөң алар кайдыгер мамиле жасашат экен. Алар көңүл бурбагандыктан кызыгуум сууп калды. Андан соң ЖА АККнын консультанты Насипа эжеке менен компост жасаган окуучулардын үйүн кыдырып чыкканыбыздан

“Менин кирешелүү чарбам” (МКЧ) курсунда окуганга чейин өзүбүз жергиликтүү үрөндөрдү өстүрөт элек. Бирок мөмөлөрү майда, начар болот эле. Мурда огородго суу койгондо, суу чыкпай калса көңүл бурбайт элем. Суу болгондо сугарам деп жүрө берет болчум. Картошка, пияз, помидорду 60 м2 жерде өстүрүп 2, же 2,5 кап эле түшүм алчубуз. Эгиндердин баш жагы орточо, аяк жагы начар болот эле. Суу коюп карасам деле кургап калат эле. Суу койгонго кызыкпайт элем. Короодо болгон кыкты жерге бербейт элек. Өсүмдүктөрдү өстүрүү технологияларын билбегендиктен помидорлор бышпай көк бойдон калып кетет эле. Помидорду 56 кв.м. жерде өстүрчүбүз. Ал жерден болгону 30-40 кг гана түшүм алчубуз. Болгар калемпирден жакшы түшүм албайт элек. «МКЧ» долбоору келгенге чейин, менде огородду кароого кызыгуу жок болчу. «МКЧ» курсунун окууларынан кийин, каналда чоң суу агып өткөн жерден, ата-энем менен биргеликте коңшулар менен сүйлөшүп, ошол жерден суу чыгардык. Долбоордун алкагында картошканын, бадыраңдын, помидордун сапаттуу үрөндөрүн алдым. Жакшы түшүм алуу үчүн түнкү саат 3-4 кө чейин суу койгон учурлар көп болду. Жерди жакшы даярдоо максатында, атам адырдан 1 портер кык алып келип

берди. Ошентип, алган үрөндөрдү жакшы натыйжага жеткирүү үчүн жумушту топурак даярдоодон баштадым. Долбоордон алган помидордун 100 даана үрөнүнөн 90 даана көчөт өстүрдүм. Үрөндөрдү салыштыруу максатында, эжемдин үйүнөн жергиликтүү үрөнүнөн 5-6 көчөт алып келдим. Үрөндөрдү салыштырганда, жергиликтүү үрөндүн түшүмдөрү майдараак болуп, мала кызыл түстө, даамы дагы начар, ширеси аз болгондугу байкалды. «МКЧ» дан алган помидордун үрөндөрү мөмөлөрү чоңчоң, кызыл түстө, даамы таттуу, 1 түбүнөн 5-6 кг помидор алдык. Туугандарга алып барып ооз тийгизсем, аларга жагып сатып алабыз дешти. 40 кг помидорду 20 сомдон сатып алышты, 400 сомду апам өзүмө берди. Базарга 1700 сомдук помидор сатылды. Ошондой эле алынган түшүмдөн 30 литр банкага консервация даярдалды. Картошка өтө жакшы болду. Долбоордон 13,5 кг картошка үрөнүн алдым. Бул үрөндөн 7 кап картошка казып алдык. Мындайча айтканда ар 1 кг үрөндөн болжол менен 13 кгга жакын түшүм алдым. Азыр сактоого койгон түшүмдү апам келээрки жылга үрөн кылабыз деп жатат. Кийинки жылга 2 сотых

жерге картошка эгип, жакшы түшүм алабыз деген үмүттөбүз. Мен Жалал-Абад шаарында стартап курсуна катышып, өзүмдүн бизнес идеямды жазып, конкурста 1-орунду ээлегеним үчүн, мага долбоор тарабынан күнөскана куруу үчүн колдоо көрсөтүлдү. Күнөсканада помидор өстүрдүм. Күнөсканада иштөөдө жашылча өстүрүүнүн сырларын өздөштүрдүм: помидорду бутоону, сугат режимин сактоону, тамчылатып сугаруу системасын колдонууну, өсүмдүктөрдү азыктандыруу боюнча шыктарым бир кыйла жогорулады. Күнөсканага 120 түп помидор эгип, 260 кг түшүм алдым. Түшүмдү негизинен коңшуларга, базарга саттык. «МКЧ» долбооруна катышкандан бери дыйканчылыкка кызыгып калдым, базарга баргандагы баалар мени кызыктырат. Көйгөйлөрдү план түзүп, аны чечүү жолдорун үйрөндүм. Мендеги өзгөрүүлөрдөн кийин коңшулар, депутаттар мени “Наймандын күзгүсү” болуп калдың, деп макташты. Эрлан Жыргалбек уулу, Ноокат районундагы Найман орто мектебинин 11-классынын окуучусу

Менин ийгилигим

кийин дагы кайра кызыгуум жанданып калды. Мен дагы чоң класстагы лидер окуучулар сыяктуу «МКЧ» боюнча лидер болгум келди. Быйыл сентябрда Севара Равшанбековна эжей менен биргеликте «МКЧ» курсуна 8-класстардан кызыккан окуучуларды тандап алдык. Учурда сабак өтүп жатам, 4 жолу сабак өтүп койдум. Албетте, алгач коркуу сезими болду. Биринчи сабагымдан кийин “Камола эже дагы сабак өтөлүчү” деп 8-класстын окуучуларын мага кайрылышканда, кайрадан мага энергия пайда болду. Аларга сабактан сырткары компост жасоону практика жүзүндө үйрөттүм. Аларга жумасына 2 жолудан сабак өтүп жатам. Долбоордун «Менин бейпил жана коопсуз мектебим» компоненти боюнча суунун натыйжалуу пайдалануу боюнча үйлөрдү кыдырып, презентация жасап, таркатуучу материалдарды таркатып берип жатабыз.

Менин сабак өтүү ыкмам:

Мен алгачкы сабагымды өтүп баштаганда окуучуларга, долбоордун максатын, күтүүлөрүбүздү аныктап дарак чийип, анын тамырына чаптап койдук. Китепте камтылган темалар аяктаганда, долбоордун максаттарына жетишкен болсок, ошол дарактын жалбырак тарабына күтүлгөн жыйынтыктарды жабыштырабыз

деп сүйлөштүк. Сабактын ортосунда, окуучуларым тажап кетпеш үчүн музыкалык тыныгуу жарыялап турам. Ар бир өткөн сабагымда активдүү окуучуларга «Сен бүгүнкү сабактын лидери» болдуң деп карточка берип коюп жатам. Дагы бир оюм бар: аларга бейджик жасап «лидер окуучу» деп жазып тапшырсам аларга ого бе-

тер кызыктуу болобу деп. Жогорку окуу жайда тапшырганда, кесибим башка болсо да МКЧны эл арасына жайылтам деген максаттарым бар. Камола МАвлЯНовА, ош облусунун Араван районундагы Чек-Абад ААнын М.Улугбек атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу.


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

15

«ООн-женщины» түзүмү – кыздардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жол көрсөтөт

Мен 9-класста окуп жаткандан тартып, долбоордун 2 компонентинде «Менин кирешелүү чарбам» (МКЧ) жана “Менин бейпил жана коопсуз мектебим» (МБКМ) окуп, иш алып барып жаттым. Менин бул долбоорго кызыгуумдун бирден-бир себеби, «ООНженщины» түзүмүнүн жетекчиси Геральд Гюнтер менен англис тилинде баарлашуу кызыктуу болду. Кийин «МКЧ» курсуна да кызыгып калдым. Буга өз жашылча бакчаңда био жер семирткичтерди даярдап, өстүрүп жаткан жашылчаларга азык катары берген жери себеп болду. Андан сырткары, эгиндерге жер семирткич берип эле тим калбастан, аларды сугаруунун ыкмалары боюнча да үйрөндүк. Сууну акыйкаттуу пайдалануу боюнча материалдарды элге презентациялап, бир топ жумуштарды аткардык. ички сезимимдеги өзгөрүүлөр: Мурда мен үчүн окуучулардын алдында сүйлөө ыңйгайсыздыкты жаратчу. Азыр болсо окуучулар гана эмес көпчүлүк элдин алдында да чыгып, эркин түрдө өзүмдүн

ой-пикримди билдире алам. Ошондон улам, окуучуларды 9-10-классымда «МКЧ» курсунан окутуп жүрдүм. Менин бизнес-идеям:

Менин түшүнүгүм боюнча, эгер жеке менчик дүкөн ачсаң, демек ошол бизнес деп элестетчү элем. ЖА АККда Азамат Аттокуров агай өткөргөн бизнес тренингден соң,

менде түшүнүк башкача болуп калды. Көрсө, бизнестин түрү көп турбайбы, ал тургай айыл чарбасы боюнча деле бизнес жүргүзсөң болот экен да деп калдым. Мындан сырткары тренингден - климаттык шарттын өзгөчөлүгүнө карап эгин өстүрүү, аялдар, кыздар үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр туурасында кеңири маалымат ала алдым. Башка мектептерден келген мен теңдүү окуучулар менен ат салышып, алтынчы орунду ээледим. Натыйжада мөмө-жемиштерди кургатуучу шкаф идеясын иш жүзүнө ашырдым. Регионалдык тажрыйба алмашуу учурунда өрүктөн компот жаап, өрүктү кургаткычтарда кургатып, таңгактап, сыртын кооздоп башка региондон келген окуучуларга жана мугалимдерге тартууладым. Ноиланын сабак өтүү ыкмасы: Сабакка керектелүүчү куралдар: суроо жазуу үчүн карточкалар, окуучуларды баалоо үчүн түстүү карточкалар, «МКЧ» китеби ж.б.колдонулат. Атайын «МКЧ» боюнча окуучулардын тизмеси жана өтүлгөн темалар боюнча журнал ачып алгамын. Кадимкидей сабак башталаарда окуучуларымды жоктойм. Алардан алгач өтүлгөн теманы сурайм. Ал үчүн алдын ала карточкаларды даярдап, ага өтүлгөн темалар боюнча суроолорду жазып коем. Ким туура жооп берсе ал окуучуга кызыл карточка берем. Демек, кызыл карточканы алган окуучуда 1 балл бар. Кимде ким сабак учурунда 5 кызыл карточка топтосо, ага сары карточка

тапшырам. Демек 1 сары карточка алган окуучуда 5 балл бар. Кайсы окуучуда эң көп сары карточка болсо, демек ошол окуучу өтүлгөн сабактын лидери болуп калат. Мындай ыкмалар окуучулардын кызыгуусун арттырат, сабак учурунда зеригишпейт дагы. Кызыктыруу иретинде ал окуучуну куру койбостон грамота же ручка белекке берем. Бул жакшы таасирин берип, кийинки сабакта лидер болом деген окуучулардын саны көбөйөт. Натыйжада «МКЧ» курсун окутууга жакшы шарт жаралып, окуучулардын билимшыктары артат. Эгер ар сабакка жакшы даярдансаң, окуучулардын бардыгы «МКЧ»га кызыгышат.

“Кыз бала болгонум менин тилектеримди ишке ашырууга тоскоол болбойт” 2016-жылдын сентябрь айында бизге эжекебиз келип «Сууну акыйкаттуу пайдалануу бул туруктуу жамааттарды түзүүнүн негизи» долбоору жана “Менин кирешелүү чарбам” (МКЧ) компоненти боюнча айтып берген, менде кызыгуу орточо эле болду. Бирок кийин биздин мектепке Надырбек агай менен Эркеайым эже келип презентация жасагандан кийин кызыгуубуз артты. Компостторду бат эле жасап койдук.

Кышында бизде бизнес конкурс болду, биздин мектептен классташыбыз Абдукаримова Айназик катышып келди. Классташыбыз тренингге катышкандан кийин таптакыр башка кызга айланып өзгөрүп келди десем жаңылышпайм. “МКЧ”га болгон кызыгуусу, өзүн алып жүрүүсү, биз менен болгон мамилелери да өзгөрүп калган эле. Айназик классташтарыбызды жана 7-8-класстардан кызыккан окуучуларды топтоп алып, бизге “МКЧ”дан сабак өтө баштады. Барып келген бизнес тренингин презентация жасап берди, бизнес модель, продукциянын өздүк наркы ж.б. нерселерди биз биринчи жолу уктук жана бизге аябай кызыктуу болду. Айназиктен сырткары мен жана Айпери деген классташыбыз чогуу сабак өтө баштадык. Жазында картошка менен пияздын сапаттуу үрөндөрүн алып, 100 м2 аянтка өстүрдүм. Алынган түшүмдү үйдө пайдаландык, ашканын кышкыга деп сактап койдук.

Андан сырткары, "Менин бейпил жана коопсуз мектебим" курсунда окуган окуучулар менен макулдашып, жергиликтүү жашоочуларга сугаруу-нун эффективдүү ыкмалары жана СПАлар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Кээде каникул учурунда деле жүргүзүп жаттык. Кошуналар, тааныштар биз айылды аралап жүргөндө эле, дароо билишет, дагы бир нерселерди өткөргөнү кетип жатат деп. Аярлуу группаларга сугаруунун жергиликтүү ыкмалары боюнча маалымат бердим, элдер жакшы кабыл алышты. Жеңеси: Мамашева Элнура. Кызыбыз мурункуга салыштыр-

Менин арзуум: Мен Америкада окуганды каалайм. Буга чоң энем менен апам каршы, тетирисинче чоң атам менен атам макул болушууда. Ошентип тартышып отуруп, Бишкек шаарындагы АУЦА окуу жайына барып окууну чечиштик. Учурда окууну ийгиликтүү аяктап, АУЦАга өтүш үчүн чоң максаттарды коюп, катуу даярданып жатам. Мага жол көрсөтүп, кыздар дагы чет мамлекеттерде окуса болооруна ынандыргандыгы үчүн «МКЧ» жана «МБКМ» компоненттерин алып барган уюмдарга рахмат! Ноилахон ХолиловА, Араван районуна караштуу Чек-Абад Айылдык аймагындагы М.Улугбек атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу. максат коюп, план түзүп, аткарат. Билген маалыматтарын башкаларга да таркатып жатат. Чоң энеси: култекова турдукан. Асель менин небере кызым, бирок менин колумда чоңоюп жатат. Долбооруңар келгенден кийин кызым өзгөрдү, жоопкерчиликтүүлүгү артты, адамдар менен бат тил табышып, ачык болуп калды. Келечекке пландар:

малуу, чоң адамдай болуп калды. Мурда огород карабайт эле, азыр демилгелүү болуп, анализ, план түзө баштады, 1 түптө канча картошка бар деп эсептейт. Алдына

Үрөндөр

Аянты

Жедик

Кышкыга сакталды

Жалпы түшүм

Баасы

Алынган киреше, сом

картошка

75

18

135

153

25

3825

пияз

25

5

52

57

25

1560

Жалпы

100

23

187

210

25

5380

Асель – “Мен келечекте милиция болгум келет. Ал үчүн физикалык жактан күчтүү болушум керек деп күндө эртең менен эрте туруп, чуркайм. Бирок, үйүмдөгүлөр ага өтө деле ыраазы эмес, кыз бала милиция болсоң кыйналасың дейт. Кээ бир досторум “Эгер сен милиция болсоң үй-бүлөңдө күйөөңдү башкарат экенсиң, да” дейт. Мен антип деле ойлобойм, бул менин тандоом. Биздин коомдо аялдар менен эркектердин укуктары тең болушу керек. Ошондуктан кыз бала болгонум – менин максаттарымды жүзөгө ашырууга тоскоол боло албайт деп ойлойм”! Асель орозБЕКовА, Өзгөн районуна караштуу Бахмал орто мектебинин 10-классынын окуучусу


Белес

17-октябрь, 2017-жыл

16

WAPRO -«Суунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу долбоору

Бүткүл Дүйнөлүк Органикалык конгресс

Т

оолуу Агро-Экосистемаларда Азыктануу (ТАЭСА) долбоорунун алкагында ЖА АККнын консультанты Юлдошев Алишер, БиоСервис уюмунун консультанты Бекжанов Алтынбек 19чу Бүткүл Дүйнөлүк органикалык Конгресске 8-13-ноябрда индия өлкөсүнүн Жаңы Дели шаарына барып катышып келишти. «Органикалык Индия аркылууОрганикалык дүйнөгө багыт» деген темадагы конгресске 121 өлкөдөн 2479 өкүл катышып, 7000ге жакын жергиликтүү катышуучулар болду. 40 өлкөдөн өкүлдөр айрыкча Азиядан, Африка жана Латын Америкадан органикалык сатуунун жүргүзүү максатында келишти. Бизнесмендердин, кайра иштетүүчү компаниялардын, өндүрүүчүлөрдүн өндүргөн түрдүү продуктылары көргөзмөгө коюлду.

Конгрессте үрөндөрдүн түрлөрү, сорттору жөнүндө айтылды. Кийинки күндөрү Чоң Ноида шаарындагы «Индия Экспо» сатуу борборунда 1000ден ашуун фермерлер өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрүн даңазалашты. Мында, үрөндөр, күрүч, кант, чанактуулар, дан өсүмдүктөрү, жашылчалар, мөмөжемиштер, гүлдүн көчөттөрү, органикалык өндүрүлгөн продукция-

ëåñ Á åгезити Ãезиттин ээси: Æалал-Абад Айылдык Консультациялык кызматы

лардан алынып тигилген улуттук кийимдер, костюмдар алынып чыгылды. Андан сырткары, натуралдык продуктылардан алынган боектор, органикалык окуу китептер, түрдүү органикалык жол менен алынган алдыңкы ыкмаларга күбө болдук. Конгрессте айыл чарба минстри Шри Радха Мохан Сингх «Жашыл Революция өндүрүмдүүлүктү жогорулатат бирок, химиялык жер семирткичтерди жана пестициддерди пайдалануу миңдеген гектар жерлерди бузду, индус элинин айыл чарбасын кризиске алып келди» деп ой-пикирин айтып өттү. Конгресс менен катар эле "Үрөндөр фестивалы" өткөрүлүп жатты. Мында Индиянын 15 штатынан 60 топ келип үрөндөрдү сактап калуу боюнча практикаларын даңазалашты. 4000ден ашуун үрөндүн түрлөрү даңазаланды кошумча маалымат бюллетендеринде көрсөтүлдү. Конгресс учурунда ТАЭСА долбоору алкагында аткарылып жаткан чакан долбоорлор, андагы

ВАПРО – долбоору Азия регионунда (Кыргызстан, Таджикстан, Пакистан жана Индия) күрүчтү жана пахтаны өстүрүүдө сууну натыйжалуу пайдаланууга даректелген долбоор. Кыргызстандын түштүгүндө Жалал-Абад Айылдык консультациялык кызматы, ВАПРО долбоору боюнча 2016-жылдан бери иштеп келе жатат. 2016-жылы 12 топ түзүлүп, 240 фермер менен Базар-Коргон районунун Кеңеш-Суу СПАсында иш алып барган. Ал эми 2017-жылы Ноокен районундагы Таймөңкү, Сакалды-Суу СПАларынан 250 фермер кошулуп, жалпы 490 фермер менен иш алынып барылды. Бул фермерлер «Пахтаны өстүрүүнүн жалпы агротехникасы, сугаруунун натыйжалуу ыкмалары жана суунун чыгымын аны эсептөө» боюнча окуу тренингдерден өтүштү. ВАПРО долбоору тарабынан иштелип чыккан атайын критерийлердин негизинде пахта өстүрүүдө көп жылдык тажырыйбасы бар жана жана башка адамдар менен тажырыйбасын бөлүшүүгө даяр, жер аянты сугат сууга ыңгайлуу жерде болгон фермерлер. Алар: БазарКоргон районунун Кеңеш Айыл аймагындагы Кеңеш-Суу СПАсынын Суу-Башы айылынын тургуну Мехманбай Турдуев, Ноокен районунун Таймөңкү СПАсынын Сакалды Айыл аймагындагы Аримжан айылынын тургуну Айчүрөк Зулпиева жана Мырзабек Турдалиевдер демо фермер болуп тандалып алынган. Ал фермердин ар бирине 20 сотыхтан жалпы 60 сотыхка пахтанын үрөндүк чигити берилди. Зулпиева Айчүрөк эже пахтанын 2 сортун эгип, эксперимент жүргүздү. Ал сугаруунун натыйжалуу ыкмаларын колдонуп, пахта өстүрүүдө төмөндөгүдөй жыйынтыктарга жетишти. Кыргыз-5 сортунан 35 центнер, ал эми Түрк Ва сортунан 42 центнер түшүм алынды. Пленка астында эгилген пахта сууну аз талап кылат. Кол эмгек күчүн да аз жумшалгандыгына фермерлер өздөрү күбө болуп, 2018-жылга 3 га жер аянтына плёнка алдында пахта эгүүнү пландап жатышкандыгын билдиришти. Ал эми Айчүрөк эже болсо Кыргыз-5 сортуна караганда Түрк ВА 440 сорту түшүмдүү гана болбостон ар кандай илдеттерге, зыянкечтерге туруктуу келип, пахтанын буласы да башка сортторго салыштырмалууу жогору түшүм берээрин белгилеп, кийинки жылга башка фермерлерге да өзү сынап

Пахта өстүрүүдө суунун мааниси

Суунун чыгымын өлчөө (2 сортко тең бирдей ыкмада суу берилди). Дата

Өлчөө бирдиги

Сааттын саны

Суунун чыгымы, м3

13.06.17

21

1039

11.07.17

24

1512

26

1638

25.08.17

29.07.17

Томсон

22

1188

Жалпы:

93

5377

Алынган түшүм. Кыргыз - 5 1-терим

Кг

Кызмат акы

Сом

Түрк вА 440

109

6

654

1-терим

Кг

Кызмат акы

Сом

216

6

1296

2-терим

121

10

1210 2-терим

377

10

3770

3-терим

102

10

1020 3-терим

262

10

2620

Баары:

332

2884 Баары:

855

7686

Турдуев Мехманбай мырзанын пахтаны плёнка астында жана ачык талаада өстүргөн тажрыйбасы. пленка астында өстүрүлгөн пахта (кг)

ачык жерде өстүрүлгөн пахта (кг)

кг

кызмат акы

сом

кыргыз-5

1-терим

360

6

2160

1-терим

2-терим

244

10

2440

3-тертим

93

10

930

Баары:

697

5530

кыргыз-5

сом

236

6

1416

2-терим

124

10

1240

3-тертим

77

10

770

Баары:

437

3426

аткарылып жаткан жумуштар туурасында айтып берүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Перу, Непал жана Эфиопия өлкөлөрүндөгү Айылда кызмат көрсөтүүчүлөр менен таанышып, пикир алыштык. 12-13 ноябряда ИФОАМдын органик Интернэшнл Генералдык Ассамблеясы өттү.

Турдалиев Мырзабек мындай натыйжаларга ээ болгон. Мында кыска жөөк менен сугарууда пахтанын түшүмү жогору болуп, башка дагы оң таасирлери байкалган. Тактап айтканда, жердин кыртышын сактап, эрозияга учурабастан андагы бардык макро-микроэлементтер сакталып калаарын белгилеп өттү. Тажрыйбага ээ болгон маркетинг тобуна кирген фермерлер пахта сатууда заводдор менен макулдашып, алган түшүмүн ошол заводго башка фермерлерге караганда 1 сомго чейин жогорку баада сатып алышты.

Алишер ЮлДоШЕв

Мырзамидин МАМАДиЕв, долбоордун координатору.

Башкы редактор: Күбөлүк № 000630 Базаркул АСАНБЕКОВ Нускасы 3300 Жасалгалаган: Айжамал Махмуд кызы Гезит 2000-жылдан бери чыгат

көргөн Түрк Ва 440 сортун эгүүнү сунуштап келет. Ошондой эле, узун жөөк менен кыска жөөктө сугаруу ыкмасын салыштырган демофермер

кызмат акы

кг

Биздин дарек: Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү 10, тел:(03722) 5-09-11, факс: 5-01-56, www.rasja.kg E-mail: rasja@rasja.kg Гезит Жалалабат АККнын компьютеринде терилип жана жасалгаланды. “ММКны колдоо боюнча борбор” фондунун басмаканасында басылды. Бишкек шаары, Горький көчөсү, 1-б. Буюртма № 2512.

Белес октябрь айына -2017  
Белес октябрь айына -2017  
Advertisement