Issuu on Google+

«Таштанды балдардын тагдыры эмне болот?»

Периштем

4-бетте

10-бетте

НУР

Москвадагы коомдук, маалымат - жарнамалык гезити Общественно - информационная и рекламная газета

«Кыргыз жаштарынын духуна баа бердим» 6-бетте

№ 03 (21) 07 апрель, 2011

р екл ама www.presskg.com

МОСКВА АРАЛАГАН КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ Улуу майрам Ноорузду утурлай Москва шаарындагы «Кыргызстан» соода борборунда «Москва кайрыктары» аттуу чыгармачыл жаштардын поэзия кечеси өткөрүлдү. Чыгармачылардын башын бириктирген мындай иш- чара «Нур» компаниясы жана «Нур реклама» гезити тарабынан уюштурулду.

ТАМАДАНЫН ТАҢ КАЛТЫРГАН ТАЛАНТЫ

3-бетте

Тамада бул - тойдун ажосу, Болбойт тойдо анын кожосу. Чындыгында сага гана тийиштүү, Тойдун мыкты болуп, болбошу.

8-бетте

3-бетте

Нооруз-2011 майрамы Москвада

Айгерим атасы менен Иранда

12-бетте


НУР

реклама

КАБАРЛАР

www.presskg.com

Москвада алгачкы Кыргыз КВНи өттү

Жакында жаштардын патриоттук сезимин бекемдөө билимге үндөө өз ара достукту чыңдоо максатында Достук фонду тарабынан Москва облусунун ЖОЖдорунда окуган студенттер арасында КВНболуп өттү. КВНге Санк Петербург шаарынан «Новые Кыргызы», Казан шаарынан «Майлуу Казан», Томск шаарынан Университет МЭИ Толко Кымыз, Омск шаарынан «KG Ruлит» Екатеринбург шаарынан «Новые поколение» командалары катышып чоң таймаш болду. Мелдештин башталышында Кыргыз гимни андан кийин Орус гимни жаңырып «Достук» коомунун президенти Темиралиев Умриел ачып берди Ошону менен катар кыргыз күүлөрү жана үч талчубуктай буралган орус улутунун кыздары таптак кыргыз тилинде сүйлөп, ырдаганы элдин маанайын көтөрүп көрүүчүлөр тарабынан дүркүрөтө кол чабуулар менен коштолду. Мелдешти Кыргызстандан атайын чакырылган конок «Тамашоунун» алып баруучусу Эрмек Нурбаев алып барды. Натыйжада конкурс таймашында 1- орунга «Новые кырыгызы» чыгып Эгипетке жолдомо алды. Ал эми 2-орунга «Толко Кымыз», 3-орунга «Майлуу казан» командалары ээ болушту.

Аргендин тушоосу Москвада кесилди

№ 03 (21) / 2011

02

ДИСТАНЦИОННОЕ ОБУЧЕНИЕ Исмаилова Айгүмүш Исмаиловна, Чүй университенин Дүйнөлүк тилдер кафедрасынын доценти

Кыргызстанда «Дистанционное обучение» деген проект иштелип чыкты. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы Чүй университетинин алдында «Дистанционное обучение» тактап айтканда «Алыстан туруп окуу» бөлүмдөрү ачылды. Башкача айтканда студенттер кайсы шаар, кайсы өлкөдө болбосун компьютер аркылуу окуй алышат. Чет элде иштеген жаштар окууну каалашса төмөнкү факультеттер сунушталат: Юриспруденция, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты экономика, бухгалтериялык жана башка бөлүмдөр ачылган. Аталган бөлүмдөрдүн бир жылдык контрактык акысы 12 миңден 18 миң сомго чейин. Окуу мөөнөтү төрт жылдан беш жылга чейин. Дагы бир айта кетчү нерсе контракты белгилүү бир мөөнөткө ылайыкташтырып бөлүп төлөсө болот. Дареги: Бишкек шаары.Чүй облусунун маалымат берүү борбору. Суюмбаева көчөсү.123, 1 Байланыш телефондору: +7 -996 -779-33-49-61, +7 -996-312-68-06-37, +7-996- 556-51-11-97 e- mail:aielen@mail.ru

«Нур» пресс

Санкт-Петербургда Жолон Мамытов атындагы поэзия клубу ачылды

Кыргыздын кылым карыткан улуу салты менен акжолтой Адилеттин тушоосу Москвадагы Өзгөн кафесинде кесилип, аксакалдар ак батасын беришти. Адилеттин атасы Улан апасы Анара Ноокат районунун Кайрагач айылынын тургундары. Уландын айтымында Нооруз менен жаз айынын майрамдарын утурлап кадам койгон Аргендин тушоо кесүү тоюунун өтүшү баланын келечек тагдыры жаздай жайдары болушун каалаган тилек. Эмне дейли, Арген Аллах өзү колдоп, койгон кадамың байсалдуу болуп акжолтой бол! Тагдырың таштак жолдо ташыркабасын! Эл камын көрүп, калк жүгүн көтөргөн жигиттерден бол!

Кыргыз диаспорасынын жетекчилиги астында улуттук тилди, адабиятты, маданияты жогорку денгээлдеги коомдогу доордун талабына ылайык өркүндөтүп өстүрүү үчүн, мезгилдин жаштарын, алардын чыгармачылык талантына өз убагында камкордук көрүп өркүндөтүү үчүн, уюштурулган уюм поэзия клубунун алдына коюлган талап. Адабият майданында аракеттенип, жаңыдан ыр жазууну сүйүүчүлөрдүн башын бириктирип, дүйнөлүк адабияттан тааныштыруу үчүн ар ай сайын сабактарды өткөрүү милдети коюлган. Россиянын жазуучу акындары менен жолугушуу ,поэзия кечелерин өткөрүү кыргыздын улуу инсандары менен тааныштыруу, алардын чыгармаларын окуу, эл арасына таркатуу, китеп сүйүүчүлөрдү арбытуу жана башка милдеттер алдында турат. Ала-Тоодон алыста , мусаапыр талаасында жан багуунун гана көйгөйүндө жүргөн жаштарыбыз элдик маданияттан алыста калышты. Ошондуктан бөтөн жерде жүргөн жаштарыбызды кыргыздын адабиятын өркүндөтүү, жеткирүү, өркүндөтүп өстүрүү үчүн клубдун алгачкы мүчөлөрүнүн алгачкы ыр чачыласын окурмандарга тааныткым келди. Келечекте таланты ташкындаган кыргыздын поэзиясынын улап кетүүчү жаштары мени үмүттөндүрөт жана окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдомун. Клубдун жетекчиси Өктөм Мамаева Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү.

Мигранттар марафон өткөрдү

Санкт-Петербург шаарында Нооруз майрамын тосуу

Москва калаасында иштеген Ноокат районунун Кайрагач айылынын эмгек мигранттары жакында марафон өткөрүштү. Марафондун максаты уюштуруучулардын айтымында кичи мекени Кайрагач айылына заманбап жаңы курулуш архитектурасында иштелип чыккан Аллахтын куттуу үйү аталган мечит курулмакчы. Тилекке жараша Кудай деген кур калбайт демекчи марафондун жыйынтыгында 70 миң рублден ашык акча мечит үчүн жыйналды. Дагы бир айта кетүүчү нерсе чогулган акча каражатынын чып чыргасы коротулбай Москвада түзүлгөн марафон комиссиялары тарабынан Кайрагач айыл комиссияларына которулуп, мечит курулушу жакында башталмакчы.

Ала Тоонун ак шумкарлары!

Гермес Фрофилдин жигиттери дүйнөнү багындырышты Кыргызстанда түзүлгөн Гермес Фрофил клубунун Москвадагы филиалы мындан эки жыл мурда ачылып Кыргыз жигиттерин спорттун түрү Кикбокс боюнча машыктырып келет. Аталган клубдун тренери Мидин Мухидиновдун айтымында Москвада жакында Кикбокс боюнча дүйнөлүк таймаш өтүп, таймашта Кыргыздын үч жигити дүйнөлүк чемпиондукту багындырып натыйжада үч алтын медалдын ээси болушту. Айта кетчү нерсе кыргыз желегин желбиреткен Чынгыз, Сталбек, Рашид үчөө тең Кыргызстандын атуулдары. Эмне дейли, бар болгула Ала Тоонун ак шумкар чыгаандары.

«Нур» пресс

Дүйнөдөгү эң сулуу шаардын бири СанктПетербургда кыргыздардын «Нооруз» майрамын өткөрүүдө кыргыз диаспорасынын жетекчиси К.Кутунаевдин жетекчилигинин негизинде Москва районунун шаардык стадионунда спорт оюндары валейбол, күрөш, аркан тартмай жана улуттук салтты унутпастан, аздектеп алып жүрүү үчүн тушоо кесүү аземи өткөрүлдү. Анда Ороз Исмановдун небересине жана Асылбек Аттокуров менен Нуржан Сарбалаеванын небереси Динислам Чынгыз уулунун тушоосу кесүү аземи болду. Тушоо кесүүдө жарышып чуркоодо жаш балдар, өспүрүмдөр жана аялдар арасында мелдеш жүрдү. Мелдеште биринчи орунду аялдар арасында Урозова Бүбүсайра алды, жашбалдардын арасында Бекиев Даниель, Ниязбеков Эмил ж.б. баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Элдик тамак аштар коюлган дасторконго батыштагы өлкөнүн меймандары да катышты. Москва районунун администрациясынын өкүлү, журналисттер элди Нооруз майрамы менен куттукташты. Санкт-Петербургдагы Кыргызстан мамлекетинин ардактуу консулу Абдиев Т.К. сүйлөп салтанаттуу түрдө Нооруз майрамын ачты. Нооруз майрамын утурлап Всевольск районунда Кошмамат Разаков менен Тургунбү Сыдыкованын үйүндө умай эненин окаты сүмөлөк жерге очок казылып чоң казанда сүмөлөк бышырылды. Буудайды өңдүрүп, аны жанчып элдик технологиялык жол менен кайнатылып сүмөлөк бышыруу өзүнчө чоң салтанаттуу шаңдуулукта өткөрүлдү. Ага зор ынтызарлык менен колдоо көрсөткөн Капалбаева Бүбүсайра, Урозова Бүсайра, Дарманов Акыл, Карабаев Таалай, Курбанов Бакытбек,Санкт-Петербург шаарынын МЧСтин кызматкери катардагы офицери Сатаров Зайырбек, Алтынай, Айнура деген айымдар зор күч көрсөтүштү. Ыйык даамдуу окат сүмөлөк көпчүлүккө даам таттырылды жана эл чоң ыраазычылыгын билдиришти. Маданияттуу ыр шоолорду өткөрүүдө Өмүрбек Ашимовдун, Анара Чойбекованын, Алмаз Абжапаровдун, Алтынгүл Карыева жана Айзат Чойбековалардын чоң ролдору бар. Өктөм Мамаева Санкт-Петербург шаары


03 Москва аралаган кыргыз поэзиясы № 03 (21) / 2011

Улуу майрам Ноорузду утурлай Москва шаарындагы «Кыргызстан» соода борборунда «Москва кайрыктары» аттуу чыгармачыл жаштардын поэзия кечеси өткөрүлдү. Чыгармачылардын башын бириктирген мындай ишчара «Нур» компаниясы жана «Нур реклама» гезити тарабынан уюштурулду.

Кечеге жаңыдан колуна калем кармап поэзия дүйнөсүнө багыт алган жаш калемгерлерден тартып, бир канча китептери чыгып, акындардын катарын толуктай баштаган инсандар да келишти. Алгач саламдашып кечени ачкан алып баруучу Айжан Мамасадыковадан сөз алган «Нур реклама» гезитинин ээси Багыт Бапанов гезиттин чыгуу тарыхына жана анда чагылдырылып келе жаткан жаш калемгерлердин ырларынан турган «Москва кайрыктары» аттуу рубрикасына токтолуп, күндөн - күнгө ырларын көтөрүп келген жаштардын катары арбып жатканын белгиледи. Андан соң калыстар тобунун мүчөлөрү Ооганбек Станбеков, Асылбек Эгембердиевдер сөз сүйлөшүп, акын Айталы Жандаров, Бактыгүл Сейитбековалар өз калеминен жаралган ырларын окуу менен бирге жаш калемгерлерге жакшы ыр жаралыш үчүн улуу классиктердин китептерин көп окуп, талбай эмгектенүү керек деген кеңештерин беришти. Келме кезек ырга келип Москванын татаал шартында көр оокат менен эле чектелип калбай, калемин кошо ала жүрүп, Россиядан алган таасирлерин, Ата журтка, туулган жерге, ата-энеге болгон сагынычтарын ак кагазга чиймелеген чыгармачыл жаштар кезек менен ыр окушуп, көпчүлүк ыр сүйүүчүлөрдүн кулагынын кычуусун кандырыш-

синде даярдалган сүмөлөктөн кечеге келген 400 гө жакын конокко ооз тийгизишип, жакшы каалоо тилектер айтылды. Ат таптасаң тулпар болот, куш таптасаң шумкар болот,- демекчи бүгүн жаңыдан ыр дүйнөсүнө аттанган жаш

ты. Ошондой эле алардын ырлары атайын түзүлгөн калыстар тобунун элегинен өтүп, алдыңкы орунга чыккан Айжан Мамасадыкова, Адашкан Пирматов, Бахтияр Орозалиев, Ильяз Тургунов, Абдыкерим Бекмурзаевдер атайын дипломдорго ээ болушту. Ал эми калган катышу-

www.presskg.com

НУР

реклама

Талантты багыш керек дешет. Бир пайыз талант болсо 99 пайызы эмгек деп бекер айтылбаган чыгаар. Терең билим менен талбаган эмгек гана жараткан берген талантты андан ары такшалта алат. Ошол эле учурда эзелтен ар бир эл өз таланттарын ар убак колдоп, өнөрү андан ары өсүшү үчүн моралдык да, материалдык жактан да камсыздап келген. Ал эми мамлекетибиздин жагдайы өз арыгыңды өзүң чап да, өз арабаңды өзүң тарт кейпинен арыла албай турганда өнөрлүүлөр өз кара күчүнө гана таянууга аргасыз болушууда. Бирок чыгармачыл адамдарга материалдык жактан гана эмес жөн гана көңүл буруу да чоң каниет болоору белгилүү. Андыктан чыгармачылардын башын бириктирген, ушул сыяктуу кечелер да жаш таланттардын демине дем кошуп, эргүү болоору талашсыз. Баарынан да «Нур реклама» гезити жана калыстар тобунун көмөгү менен гезитке чыгып жүргөн ырларды бириктирип китеп кылып басып берүү демилгеси чыгармачыл жаштарды андан ары да калеминин сыясын кургатпай, дагы ар кандай тематикадагы көптөгөн жаңы ырларды жаратышына түрткү болду окшоду. Поэзия кечесиндеги дагы бир жакшы саамалык «Нур реклама» гезитинин колдоосу менен «Москва кайрыктары» аттуу адабий клубдун түзүлүшү болду. Аталган клубдун жетекчилигине Айжан Мамасадыкова бир добуштан шайланып, ага 20 калемгер мүчөлүккө өтүштү.Албетте поэзия сүйүүчүлөрдүн мындай клубу жаш калемгерлердин чыгармачылыгына дагы жаңы шык жаратып, ыр чыйырында такшалуусуна көмөктөш болот деген ишеничтебиз. Турсунбу Жусупбекова.

учулар грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле кеченин жүрүшүндө Нооруз майрамынын урматына карата арча түтөтүп алас айтылып, «Кыргызстан» соода үйүндөгү «Гүлчөтай» кафе-

улан-кыздар бир күнү тапталып белгилүү акындарыбыз Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Жолон Мамытов жана башка залкарлар сыяктуу кыргыз адабиятында аты алтын тамгалар менен жазылып кала турган таланттар тандалаар.

Жакында «Нур реклама» гезитинин демилгеси менен «Москва кайрыктары» аттуу ыр жыйнак китеби жарык көрмөкчү. Гезит бетине ырлары чыккан калемгерлерибизди жана ырга шыктуу, калеми курч кыз-уландарды тез арада редакция менен байланышууга - чакырабыз. Байланышуу телефондору: 8-925-780-36-76, 8-926-120-56-91

Нооруз-2011 майрамы - Москвада

2011-жылдын 21-мартында ВВЦда Кыргызстан Соода Үйүнүн «Гүлчөтай» кафесинде улустун улуу күнү болгон Нооруз Майрамын утурлап, дасторкон жайылып Москва шаарында иштеген кыргызстандык мекендештер чакырылды. Бул аземди уюштургандар Кыргыз Биримдиги коому жана Кыргызстандыктардын союзу коомдук уюмдарынын бирикмеси болду. Майрамдык аземдин биринчи бөлүгү саат 12.00дө башталып, алмустактан келаткан ата-бабалардын жолун жолдоп, Нооруз күндү жаңы жыл деп эсептеп, жаңы күндө жамандык менен арамдыктан алыс бололу деген тилектер менен Алас айтылды. Келген эл аштын куту болгон сүмөлөктөн ооз тийишти. Көңүл эригиткен күүлөр, мукамдуу музыка коштогон ырлар, шайыр бийлер майрам шаңына шаң кошуп, жердештерибиз чын пейили менен майрамдаганы,

мусулмандардын жаңы жылын тоскону келгени байкалып жатты. Биринен-бири алгоолошо микрофон алып, куттуктоо сөз айтып, шаңкылдап ырдаган кыз-келиндер майрамдын көркүн ого бетер ачып турду. Майрамдык аземдин экинчи бөлүгү кечки саат 18.00дө башталды. Кечки майрамдык дасторконго Москва шаарынын тургундары катары көптөн бери жашаган аксакалдар жубайлары, балачакасы менен келишти. Кечки Нооруз Умай Эне, Кыдыр Атанын ак батасы менен башталып, Алас айтылып, сүмөлөк таркатылды. Алып баруучулар Тамара

жана Айжан кызуу сүйлөп, кызыктуу оюндарды уюштуруп, коноктордун көңүлүн көтөрүштү. Улан Кошматов өзүнүн куттуктоосу менен кошо орус элинин ырларынан созолонтуп ырдап берди. Жаш ырчылар Уланбек «Ошол да тоолук кыргызбы», Сүйүнбек «Сулууларга» аттуу ырларын тартуулашты. Ал эми «Кыргызстан Аялдар» коомунун өкүлү Бурулча Таңатаровна «Ала Тоо» аттуу ыры менен көпчүлүктүн эсинде калды. Ишкер мырза Аскар Түгөлбай Казаковдун «Жамгыр төктүсүн» төккөндө дүркүрөтө кол чаап коштоп турушту. Майрамдык маанай тартуулаган Нооруз-2011 аземи эсте каларлык өтүп, аны уюштуруучуларга жана алып баруучуларга аксакалдар тарабынан ыраазычылык билдирилди. Нооруз-2011 майрамын өткөрүүгө спонсорлук кылган «CONTACT» системасы боюнча акча которуу жүргүзгөн Русславбанкына да ыраазычылык билдирилди. «Нур» пресс.

«Сүмөлөк» Энелердин ойлоп тапкан тамагын, Даамдуулугун, шириндигин карагын. Айжан алып кел сүмөлөктү бул жакка, Каалоомду айтып, чыпалагым салайын. Кыскартылган сөзбү деймин сүмөлөк, Суу - мөмө - көк – дегенден алынган. Умай энемдин, энелердин тамагын, Тилек кылып, кел ооз тийип көрөйүн. Жаздын башы майрамдардын айысын, Жылда келчү мартта келип калыпсың. Бир айда эле эки майрам бир келип, ВДНХда көптөр менен тааныштым. Умай энемдин кабыл болуп тилеги, Аман-эсен ушул жылда жүрөлү. Жылда болгон жаңы жылдын жарчысы, Сүмөлөктү сый тамак деп билебиз. Маматжан Парпиев (Маки) Майлы-Суудан 8 (905) 734-96-31


НУР

реклама

УБАЛЫ КИМГЕ?

www.presskg.com

№ 03 (21) / 2011

04

«Таштанды балдардын тагдыры эмне болот?» «Москвадагы Кыргызстан аялдар» коомунун жетекчиси ТӨРӨБЕКОВА Бурулча Таңатаровна: мыйзамдаштырууга биздин күчүбүз жетпей калган учурлар бар. -Бул маселени шарият жолу менен караганда кандай болот? -Менимче бул шарият жолу менен караганда зынакорлукка жатат. Буга кыз-жигит алардын ата-энелерин да күнөөлөөгө туура келет. Себеби бардык нерсе тарбияга байланыштуу болот. Негизгиси бир нерсе мени кооптондурат. Бул никесиз төрөлгөн баланын баккан ата- энесине кылган акыбети. Ал балким туура тарбия менен чыгаан инсан болоор, кокус теңирден тескери ууру кески чыкса, анда анан өзүнүн бакма бала экендигин билсе, андан кийинки өмүр кандай уланат да, андан кандай урпактар жаралат. Мына коомдун булганышынын негизги себеби. Мен баланы бирөөгө энчилеп берип жатканда бала алган ата-энеге ар кайсы жактан билгенимди айтып, эскертип туруп бергенге аракет кылам. Жакшы адамдар да көп, бирөө мандайга жазылганы деп, бирөө соопгерчилик деп, алып кетет. -Бул окуялардын алдын алса болобу? -Мунун алдын алуу учун биринчи ата энелер өздөрү акчага кызыкпай, уул балдарды алыска жөнөтсө да, кызкелиндерди жөнөтпөй эле койгондору жакшы. Экинчиси кыз-келиндерге моралдык-

«Балалуу үй базар, баласыз үй мазар» дейт элибизде. Куттуу элдин куюлуштура айткан сөзү ак энендигине карабастан кээ бир келин кыздар бөтөн эл, бөтөн жерге келип никесиз төрөп баланын атасы ким экендигин билбей акыры айласы кеткенде таштап басып кеткендери жашыруун эмес. Мына ушундай нар көтөргүс көйгөйлөрдүн үстүндө иштеп көптөн бери атасыз төрөлүп энеден тирүүлөй жетим калган наристелердин маңдайынан сылап «туубаса да тутунган элик сүтүн эмизген» эне таап берип Аллах жолунда соопгерчилик иш кылып жүргөн Бурулча эжени кепке тарттым. - Эже Москвада баладан баш тарткан келин-кыздар көбүнчөсү сизге кайрылышат деп уктум мунун канчалык чындыгы бар? -Ооба акыркы убакта мындай көрүнүш адатка айланып барат. Мурда ар бир келген эне балага боорум ооруп жүрөгүм туйлап чыкчу. Эми бара-бара мен да жат көрүнүш катары карап калдым. Себеби кээде жарым түндө айнегимди тыкылдатып көзүнүн жашын көл кылып келгендер болду. Айтор айтып отурсаң узун сабак. Баладан баш тарткандардын негизги себеби никесиз төрөгөн, экинчиси баланын атасы ким экендигин билбейт. Эсебин тапканы аборт жасатат. Таппаганы төрөөгө мажбур болот, Кыргызстандагы ата-энеси жакындары билбейт, билген күнү өзү эмне болоорун жакшы билет. -Анда ташталган баланын тагдыры кандай болот? - «Айтпай турган сөз эле айтылып кетти өзү эле» - дегендей болуп турат. Мейли бир чындыктын бетин ачайын, бирок атын атабай коюу өзүмө эп келип турат. Мындан бир топ мурда бала көтөргөн бир келин келди. Эшигиңе келгенди кет демек белең аны киргизип ал жай акбалын сурасам баланы таштайм дейт. Ишенесиңби уккан кулагыма ишенген жокмун. Баланы карасан, татынакай көзгө сүйкүм. Бойтойгон баланын бар айыбы никесиз төрөлгөндүгүндө. Кыз өзү турмушка чыга элек. Баланын атасы ким экендигин билбейт. Айтор ары кетип, бери келип ал кызга акыл насаат айттым, уруштум, тилдедим акыры балага мындан ары эч качан кайрылбайм деген тил кат жаздырып алып баланы алып

Апаке ак сүтүңдү бербей койдуң, Алдейлеп ак бешикте бакпай койдуң. Атасыз төрөгөнүң аз келгенсип, Арман күн таштандыдай таштап койдуң. калдым. Ошентип балага эне издөө түйшүгүнө кабылдым. Жокту суроо тааптыр деп Кыргызстандык бирөөнү таптым. Ал байкуш канча жылдан бери балага зар болуп ак эткенден так этип жүргөн жан экен. Ага баланы карматып тиешелүү документтери даярдап бердим. Дагы бир айта кетчү нерсе кыргыз кыздардын кээ бирөөсү Россия жарандуулугун алышкандан кийин төрөшүп баланы Кыргызстанга алып өтүү жана документтерди даярдоо бир топ кыйынчылыкка турууда. Айла кеткенде мыйзамсыз түрдө өткөргөн күндөр бар. Кээ бир келиндер баланы өздөрү Кыргызстанга чейин жеткирип беришет. Себеби толук

Я сама знаю

Метронун кире беришинде чачы кыска кыркылып, сары түскө боелгон, жүзүнө беш килограммдык упа эндик сүртүнгөн кыргыз кыз папирос түтөтүп турат дейт, аңгыча болбой эле ар жактан каадалуу шашпай басып келген орто жаштагы кыргыз мырзасы: -Кызым, бул эмнең? Папирос тарткан кыз баланын иши эмес деп акыл айтмакчы болгондо Кыз:- Я сама знаю. Өзүмдү сатсам да өз ишим.- деди оозунан арактын жыты буркурай. Буга эмне дейсиз? Бир сөз менен айтканда «башың баш багалчагың кара таш» дегенден башка айла

жетти. Дагы бир кыз төрөп баласын көп кабаттуу үйдөн таштап жиберип өлтүргөн да, Россия укук коргоочулары тарабынан изилденип такталып, азыр адам өлтүрүү фактысы менен камалып кеткен. Айтор мындайларды айтып отурсаң, сөз түгөнбөйт. -Бир жылда канча келин баланы таштоо маселеси менен кайрылат? -Өткөн эки жыл ичинде 36 келин кайрылды. Бул биз билген такталган маалымат болсо, биз билбеген такталбаган маалымат канча аны Кудай билет. - Убакыт бөлүп баарлашкандыгыңыз үчүн чоң ыраазычык билдирем. Маектешкен Турдайым Кожомбердиева Урматтуу окурман, бул көйгөйлүү маселелер жөнүндө ой пикириңиз жана билген далилдүү окуяларыңыз болсо биздин редакция менен байланышсаңыз болот. Байланыш телефондору: 8 (926) 971-48-62 Турдайым журналист 8 (916) 212-90-31 Бурулча эже

E-mail: nurgazeta@mail.ru

Таштанды баланын каты Мээримиңе татыбадым неге мен, Кучагыңа батырбадың балам деп. Басып кеттиң кайрылбастан эне сен, Мен жашоодон башка бакыт табам деп. Жара басып өз балаңдын бактысын, Издедиңби жашоо күндүн таттуусун. Ойлодуңбу жакшы күйөө табам деп, Колунда бар, оокатка тың, аштуусун. Айтчы, апа, неге мени төрөдүң? Келбесе эгер ак бешикке бөлөгүң. Менин дагы башка балдар сыяктуу, Өз үйүмдө келген эле көгөргүм. Өз энекем балта чапты бактыма, Оо адамдар, күнөөм кайсы айткыла?! Ойсоктобой ойноок мүнөз селкилер, Ойлоп. Анан жигит менен жаткыла. Канчалаган наристелер ташталды. Кыйнабастан энекебай жаш жанды, Кел экөөлөп жакшы жашоо куралы, Алып кетчи кылбай мени таштанды.

писихологиялык жактан жардам көрсөтүү керек Ошондо гана бир жолго коюлбаса башка айла жок. Бир жолу он алтыга толо элек кыз айы күнү жетип башка бир тааныш эженин паспорту менен төрөптүр. Натыйжада төрөлгөн бала өз энесинин документинде эмес, башка бирөөнүн документинин негизинде төрөлгөн. Бул окуя Кыргызстандын Москвадагы элчилигине чейин

жок. Ага айткан кайран гана акыл. Бекер эле нерв иштеткениң калат. -Менимче анын түбү ылайка Дегеним, «Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт » деген. Минтип, улуу кыргыздын атын булгаган кызга мусулман кыргыз элинин арасында орун жок. Ар бир нерсени эки жактуу карап көрүш керек. Эгер мындай көрүнүшкө мен туш келип калсам, ага колумдан келишинче укпаса да насаат айтып оң жолго баштамакмын. -Эмне дейин. Бирөөнүн кызын сүйлөсөң кызың бар, уулун сүйлөсөң уулуң бар. Жака карманып, Аллаха тообо келтиргенден башка айла жок. Негизинде ынсапты ар кимдин өзүнө берсин. -Ооба, мен «бардык улуттун сойкулары-

Күкүк эмес, адам болуп жаралдың, Бул жашоодон каалаганың ала алдың. Никеси жок төрөгөн бул - чоң күнөө, Баркын билчи адал менен арамдын. Көбөйттүңөр жетимдерди таштанды, Токтоткула оң-тетири басканды! Кантип чыдап кетесиңер карабай, Же силердин жүрөгүңөр таштанбы? Айжан Мамасадыкова Тел:8-925-780-36-76 нын ичинен кыргыз сойкуларынын баасы арзан» - деген сөздү азербейжан улутундагы жигиттен угуп аны турган жеринде жок кылып жибергим келди. Бирок, «Өзүндө турса айып, кайда барасын кыңырайып» дегендей, күнөө өзүбүздө болгондон кийин унчуга алганым жок. Менимче папирос тартып, арак ичкен кыз зынакорлукка да барат деген ойдомун. -«Бир уйдун мүйүзүнө урсаң, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» болуп, анча мынча ыймансыз кыздардын айынан кыргыз кыздарынын атына доо кетип жаткандыгы мени аябагандай өкүндүрөт. Көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн уландысын гезиттин келерки санынан окуй аласыздар. Кыпчакбаева Жазгүл.


05

№ 03 (21) / 2011

www.presskg.com

НУР

реклама

Ыйман бар жерде ырыс бар

АРАМ ЖОЛДОН АЛЫС БОЛ! КАНКЫБАЕВ Максат Байышевич Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Москва шаарындагы өкүлү

Ыймандуулук - адеп ахлактын башаты

e-mail: muftiyat.moskva@mail.ru

+7926 0694744, +7985 9724025

- Кыргыз кыздарыбыз Москвада башка улуттун өкүлдөрү менен зина иштерин кылып акча табууда, алардын тапкан акчасы адалбы же арамбы? (Ислам). - Динибизде зина чоң күнөө болуп эсептелет. Ыйык Курандын Исра сүрөөсүнүн 32чи аятында «Зинага жакындабагыла, анткени ал эң ыплас, жаман жол» деп баяндалат. Зина кылуу гана эмес ал ишке жакындоо да харам, б.а. зинага алып бара турган нерселер да харам. Мисалы, кыз менен баланын никесиз жалгыз калуусу, бири биринин колдорун шахват (кумардануу) менен кармоолору жана өбүшүүлөрү .Ал эми суроого кайрылчу болсок, кыргыз кыздарынын башка улуттун өкүлдөрү менен болобу, өз улутунун өкүлдөрү менен болобу, зина үчүн акы алып жатабы же акысызбы, бардык түрлөрүндө зина иши харам жана эки тарап тең чоң күнөөгө батышат. Тилеке каршы, кээ бир эже-карындаштарыбыз акча табабыз деп бул ишти кесип кылып жүрүшөт. Албетте, бул жол менен табылган акчада эч кандай берекет болбошу анык. Пайгамбарыбыздын(с.а.в.) хадисине карасак «Харам менен азыкталган дене бейишке кирбейт» деп айтылат. Дагы бир жерде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сапарда чарчап, чаңга бөлөнгөн, чачтары уйпаланган, колдорун асманга көтөрүп: " Оо Раббим, оо Раббим!!" - деп Аллага жалбарган адамды баяндайт, бирок анын жегени, ичкени, кийими харам дейт, абалы ушундай болгон адамдын дубасын Алла Таала кантип кабыл кылсын деп баяндайт. Кандай гана харам жол болбосун уурулук, кумар, паракорчулук, сүткөрлук ж.б.у.с. жолдор менен табылган акча харам болуп эсептелет.

- Үйлөнгөнүбүзгө 7 жыл болду. Келинчегимдин ден-соолугуна байланыштуу балалуу болгонубуз жок. Келинчегимдин макулдугу менен нике кыйып, 2чи аял алып жашасам күнөө болбойбу? (Малик). - Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен! Негизинен, Ислам динибизде мусулман адамга 4 аял алууга уруксат берилген. Бул уруксат Ыйык Курандын Ниса сүрөөсүнүн 3-аятында төмөнкүчө баяндалат: « Өзүңөргө жаккан башка аялдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө үйлөнө бергиле. А эгер адилетсиздик болот деп корксоңор, анда бирөөнө гана, же болбосо кол астыңардагылар (менен чектелгиле). Бул зулум кылбооңорго жакыныраак » Бул аятты үстүртөдөн эмес, терең маанисине көңүл бурган адамга эки же үч аялга үйлөнүш оңой эле экени, ошол эле убакта алардын арасына адилеттүү мамилени сакташы татаал экени маалым болот. Экинчи аялга үйлөнүүнүн эң негизги шарты - эки аялынын ортосунда күйөөсүнүн адилеттүү болушу. Адилеттүүлүктү сактай алалбасам керек деген адамга экинчи аял алуусу харам болуп эсептелет. Адилеттүү мамиле бул эки аялына бирдей мамиледе болуусу, убакытты экөөнө тең бөлүүсү, экөөнө тең бирдей шарт түзүп берүүсү, тамак-ашынан баштап кийим- кече, жашай турган жайына чейин. Эң таң калыштуусу, азыркы учурда кээ бир адамдардын биринчи аялынын кабары жок эле экинчисин ала бер деген үгүттөөлөрү. Ушул сөздөрдө Куранда талап кылынган адилеттүүлүк мамиле барбы?!!! Бул учурда адилеттүүлүк эмес чоң бир кыянат бар деп айта алабыз. Биринчи аялынын кабары жок болсо кантип күйөөсү адилеттүү мамиле жасай алат? Ал эми Малик бир тууганыбыздын суроосуна жооп бере турган болсок, келинчегиңиз экинчи аял алууңузга макулдугун билдирсе, экинчи аял алууңузга уруксат берилет, эгерде сиз жогоруда айтылып кеткен нерселерде экөөнүн ортосунда адилеттүү мамиледе болсоңуз. Маектешкен Турсунай Баетова.

Илгери сахабалар заманында бир адам: -Балам үч жашка чыкты эми мындан ары тарбия берсем болот Бирок кайсы багытта деп сураганда, анда сахаба: - Сиз балаңызга тарбия берүүдө үч жылга кечигиптирсиз, себеби бала эненин курсагында жаткан мезгилден баштап тарбиялануусу шарт деп жооп бериптир. Демек, жаштар биз тарбия алууда канча жыл кечигиптирбиз аны Акматбеков Авазбек ажы менен баарлашып ой болүшүп көрсөк. -Авазбек ажы, сизди бүгүнкү жаштардын ыймандуулугу, адеп ахлагы канааттандырабы? - Жок деп айтыш кыйын. Себеби металдын да эки бети болот. Эл ичи токой. Токойдо не бир түркүн жан жаныбар тур-

дуу өсүмдүктөр бар сыяктуу эле Аллах жараткан адамдар арасында деле ар турдуу инсандарды табууга болот. Бүгүнкү күндө ыймандуулар андан көп, ыймансыздар мындан көп. Беш кол бирдей эмес. Мисалы Москвадагы мусулмандардын борбордук мечитинде кыргыздын кыздарынын ичинде диний билим алып жүргөндөр бар. Ал эми Аллах анын бетин ары кылсын кээ бир келин кыздардын жоругун угуп төбө чачын тик турат. - Кечиресиз, ошол келин кыздардын адаттан тыш адепсиздигине кыргыз мырзаларынын да кошкон салымы бар го деп ойлойм...

- Албетте, «кош алакан чабылса, карс эткен үн чыгат» Аял – эне, эже, карындаш, кандан бүткөн кызын экендигин унутпаш керек. Эгер бүгүн бүрөөнүн кызына кордук көрсөтсөң эртең сенин кызыңа бирөө кордукту эки эселеп көрсөтөт. Муну эске албаган киши наадан. Экеинчиси аялүйдүн куту Эркектин адалдан таап келген оокат

ашын ысырапгерчиликке учуратпай балдарды туура тарбияда өстүрүү аялдын милдети болуп саналат. Тилекке каршы азыркы мырзалардын дээрлик көпчүлүгү турмуш тиричиликтин оодук оордугун аялдарга жүктөп, аялдардын тапкан тутканын көзөмөлгө албай калышты. Мунун өзү күнөө. Шарият жолу менен караганда ушул болуп жаткан окуялардын жоопкерчилиги эркектердин мойнунда. Себеби, үй-бүлө ээси. -Азыркы Москвадагы жашоо, аял-эркектердин журум туруму өзүнүзгө маалым. Айрыкча айрым кыз келиндердин маселесин кантип жолго койсо болот? - Илгери эле «кызга кырк үйдөн тыюу» - деп, азыр ал заман эмес, «атадан алдын уул өтүп, энеден алдын кыз сүйлөгөн» заман келген. Ошентсе да ар бир ата-эненин балдарына каалаганы жакшылык. Деген менен жаман айтпай жакшы жок, ар бир ата-эне алыс жуукта жургон уул кыздарын көзөмөлгөалышса. Мүмкүнчүлүк болсо, кыз келиндерди Москвага тыюу салынса. Аллах ырыскыны адалдан сепкен, адал эмгек менен терип жейли. Менин мусулманчылыктагы парзым билгенимди айтып коюу болуп саналат. Маектешкен Турдайым Аширапбай кызы.

ЖАРТЫ НАН ЖАРТЫ КИШИ БОЛУП ЖАРДАМГА КЕЛДИ Бир мусулман о дүйнө сапар тартаарыиа жакын түш көрөт, түшүндө ээн талаа эрме чөлдө эч кими жок жардамсыз кыйын ахыбалга туш болот Ошол мезгилде жанынан 30 атчан адам өтүп кайрылбай кетет. Андан кийин 5 атчан киши өтөт Алар ал ахыбал сурашат бирок жардам бере албасын айтышат. Ошол мезгилде мунжу, майып аксаган адам келет да арсар абалда жаткан анын башын жөлөп кандай жардам керектигин сурайт. Ошондо ал: -Мага отуз атчан киши кез келди алар жардам бербеди, андан кийин беш атчан киши келип алар да жардам бере албасын айтып өтүп кетишти. Анан кантип, жарым жан сен мага жардам бермек элең дегенде ал :- Ооба, мен сага жардам бере алам . Себеби, сен бир кезде курсагы ачкан эч кими жок жетим баланы бүтүн эмес жарты наның менен курсагын тойгузуп жардам берген элең. Мен сенин ошол жарты наныңмын, жарты киши болуп сага жардамга келдим. Эгер сен ошондо жарты нан эмес бүтүн нан бергениңде азыр мен сага бүтүн киши кейпинде келмекмин- деди. Хадистеги бул баяндын жандырмагы ааламдардын айтымында мындайча чечилет.

«КайМос» кайрымдуулугун улантууда Отуз киши отуз күндүк туткан орозоң, беш киши беш маал окуган намазьң, жарты наның жетимжесирге берген кайыр-садака берген зекетиң. Мына ушундай мусулманчылыктын парзын туу тутуп Мухаммед пайгамбарыбыздын улуулугун даңазалап, сахабалардын жолун жолдоп, жетимдин мандайынан сылап, жесирдин көз жашын аарчып жыгылганды тургузуп, колдон келген жакшылыгын бөтөн эл бөтөн жерде мусаапырчылыктын күнүн кечирип келе жаткандыктарына карабай КайМос фондунун жигиттери дале болсо элине кайрымдуулугун көрсөтүп; келе жатышат. Айта кетсек фонддун активдүү мүчөлөрү Таштемиров Гуламидин, Үсөнөв Кадырбек, Турдуев Сыран, Салибаев Кеңеш, Мусаев Айбек жана башка Кайрагач айылынын

баш көтөргөн бир катар жигиттери кечээ жакында Улустун улуу күнү Ноорузду утурлап, «Өзгөн» кафе-

синде Москвадагы мигранттарга майрамдык маанай тартуулашты. Ошону менен катар кыргыздын

улуттук оюндарын уюштуруп, кол күрөш, гир көтөрүү, лотерея ойнотушуп жеңүүчүлөрдү аныкташты. Ошону менен катар дагы бир айтса арзыгарлык иштеринин бири Москвада иштеп жүрүп көзү өтүп кеткен жердештерибизди өз фонддорунан каржылап мекенине жөнөтүп жатышкандыктары жашыруун эмес жана аларга арнап ар дайым куран окутуп турушкандыктары чыныгы мусулманчылык иш десек жаңылышпайбыз. Мына, окурман мусулман пендесинин бараар жери о дүйнө түбөлүктүү үйү, барса келбес жайы. Албетте бизге Аллах о дүнүйө бул дүнүйө жакшылык шарапатынан баарыбызга КайМос фондунун жигиттери кайрымдуулук кылган даража, берешен жоомартты насип эткен болсун. Албетте, жогорудагы хадисте баяндалгандай өзүбүзгө ыраа көргөн жакшылыкты ар бир мусулман пендесине да ыраа көргөндүгүбүздүн өзү чыныгы даанышман пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис саламдын үммөтү экендигибизден кабар берет Т. Кожомбердиев


НУР

реклама

№ 03 (21) / 2011

www.presskg.com

06

Бар бол кыргызым Тамашоунун алып баруучусу Эрмек Нурбаев:

«Кыргыз жаштарынын духуна баа бердим» -Эрмек Москвадагы жердештериңе Кыргызстандан кандай жанылыктарды ала келдин? - Кыргызстандагы айрым көйгөйлөрдү кошпогондо айрыкча КВН жаатында эң жакшы жаңылыктар менен келдим. Негизги айта кетчү нерсе 2010-жылдагы тамаша шоу лигасынын 3-сезону өтүп жатат. Бизде 200дөн ашык уюшкан командалар ойноп көп ийгиликтерге жетиштик. Кубанарлык жагы Арто Азия боюнча чемпиондукту жеңип алдык. - Кыргызстандагы түзүлгөн КВН командалары менен Москвадагы түзүлгөн КВН командаларынын кандай айырмачылыгы бар? - Менимче, эки өлкөдө түзүлгөн командаларынын КВНге болгон такшалууларынан башка айырмачылык деле жок. Айрыкча, мен азыр биринчи жолу КВН уюштурулуп жаткандыгына карабай Россия өлкөсүндө билим алып жаткан кыргыз жаштарынын духуна мекенине болгон урмат сыйына баа бердим. Себеби, өзүңүздөр күбө болгондой москвалык орус кыздарга кыргыз тилин үйрөтүп, ыр ырдатып, негр улутундагы жигитке Манас айттыруу не деген саамалык, өзүнчө баалуулук. Ал эми Москвада эмгектенип жатышкан жердештердин маанайы, дүйнө таанымы бөтөн жерде

Баш кесмек бар, тил кесмек жок

Эмгек мигранттардын көйгөйлөрү чечилет «У

ккан кулакта жазык жок» дейт. Угулган каңшаарга караганда өткөн март айынын жыйырма жетисинде Кыргызстандан Кыргызстан ички иштер министири Казакбаев Руслан Айтбаевич келип Москва элчилигинин кеңсесинде, Москвадагы кыргыз коомдук уюмдун жетекчилеринин башын кошуп жыйын өткөрүптүр. Бул маалыматты Ала Тоо коомунун орун басары Алтай Иманалиевден тактап сураганыбызда ал төмөнкүлөргө токтолду. Анын айтымына караганда жыйында Кыргызстан ички иштер министири Казакбаев Руслан Айтбаевич жана Кыргызстандын Москвадагы атайын элчиси Чиналиев Улукбек Кожомжарович, Ала Тоо коомунун жетекчиси Жамила Бегиева, Кыргыз аялдар коомунун жетекчиси Бурулча Төрөбекова, Кыргызстандын Москвадагы Диний башкармасынын өкүлчүлүгү Максат Канкыбаев, Элдик Чындык коомунун өкүлчүлүгү жана башкалар катышып, Россияда эмгектенип жатышкан мигранттардын көйгөйлүү маселелери каралды. Каралган меселелердин негизгиси болуп Россия өлкөсүндө эмгектенип жатышкан кыргыз миграттарынын айрымдарынын жоготулган

паспортко күбөлүктөрдү алуу ж. б документтердин акыркы мезгилдеги ортомчулардын кийлигишүүсү менен асман чапчыган баасынын өсүшү катуу сын көз караш менен талкууланды. Бөтөн эл жерде каза таап өтүп кеткен жаш наристелерди Москва аймагына жерге бере албагандыгы жөнүндө сөз болуп, бул көйгөй маселеси кийинки талкууга дагы койулмакчы болду. Жогорудагы көтөрүлгөн маселелер Москвадагы элчилик менен коомдук уюмдардын ортосунда дагы бир каралып андан кийин министирликке сунушталышын Казакбаев Руслан Айтбаевич талап кылды. Сөз арасында жыйын катышуучулары Москва элчилигинин өкүлчүлүгүн капталдан качырып, Элчиликти эмнеге эл менен эмессиңер деген сыяктуу сөздөр менен жөөлөп өтүштү. Буга Элчиликтин өкүлчүлүгү унчукпай кутулду – дейт Алтай Иманбеков. Москвада коомдук уюмдар менен элчиликтин ортосунда ар дайым «Бир жеңден кол, бир жакадан баш» болсо эмгек мигранттардын көйгөйлөрү чечилерине ишенебиз. Турдайым Кожомбердиева

жүрүшкөндүктөрүнө карабай бирин-бири колдоосу айтып бүткүз. Анткени Мост Дружбага окшогон бир топ кайрымдуулук ниетинде түзүлгөн фонддор бар экен. Бул КВН да мына ушундай уюшкан фонддордун демөөрчүлүгү менен өттү десем болот. Ал эми Кыргызстандын алдыңкы чемпион командаларына сөз жок. Дегеним, Орто Азиянын чемпиону же болбосо Казакстан командаларын жеңип алуу бул оңой эмес. -КВНдин жүрүшүндө Кыргызстан командаларын Москвага алып келем дедин. Качан алып келейин деген оюң бар? - Биринчиси, күн жылысын. Кыргызстанга салыштырмалуу аба ырайы бир топ суук экен. Эгер шарт туура келип калса Москва облусунун шаарларын кыдырып гастролдоп КВН өткөрүп, мекендештерге жакшы эсте каларлык маанай тартууласакпы деген ой бар. - Финансылык маселе кандай болот? - Кудай буюрса бул маселе да оң жагына чечилип калгысы бардыр. Кыргызстанда деле КВН командаларын колдоп демөөрчүлүк кылган мен деген патриот мырзалар бар. Москвада да спонсор болобуз дегендер чыгып жатат. Маектешкен Турдайым Аширапбай кызы.

Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз коомчулугунун маданий иш чаралары С

анкт-Петербуг шаарында күндөн күнгө кыргыз улутундагы Россиянын жараандыгын кабыл алгандар көбөйүүдө . Мына ушуга байланышта кыргыз улуттук маданиятын, адабиятын , үрп-адаттарды кыргыз тилин өркүндөтүп өстүрүү үчүн жана унутуп калбаш үчүн СанктПетербуг шаарындагы кыргыз диаспорасынын председатели К.Кутунаевдин жетекчилигинде коомдук иштер жакшы жолго коюлууда. Диаспоранын карамагындагы маданий массалык комиссиясынын жетекчиси Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Манас 1000 медалынын ээси Өктөм Мамаева баш болуп бир канча маданий иштер болду. Анын активдүү катышуучулары ССРдин маданиятынын жана Кыргыз маданиятынын отличниги Манас 1000 медалынын ээси Эргешова Чынара Жоробаевнанын уюштуруусунда «2011-жылдагы АлаТоо жылдызы» сулуулар конкурсу болуп өттү. Конкурсту Абдиев Акыл алып барды. Иш чараларды жүргүзүү кыздардын зирек зээндүүлүгүн, тапкычтуулугун, өнөр шык, улуттук каада салт үрп адаты унутпай кенен россия мамлекетинде кимдигибизди унутпоо максатында өткөрүлдү. Конкурстун жыйынтыгында Болотбекова Нурзат Чүй областынын сулуусу биринчи оорунду ээлеп музыкалык центр менен, экинчи орунду Сафаралы кызы Дильфуза Ош областынан, үчүнчү орунду Темирова Айсулуу Ош шаарынын сулуулары алышып, Ысык–Көлгө жолдомо менен сыйланды. 2011-жыл 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата кыргыз диаспорасынын төрагасы К.Кутунаев, спонсордук көмөк көрсөткөн «Дом Тургенева» атындагы мигранттарга жардам берү коомунун директору Абжапаров Алмаз Торомамытович , Эргешова Ч.Ж. биргеликте «Кана эмесе кыздар» темасында кыздар ортосундагы таймашууну өткөрүштү. Ош областынын «Курманжан Датка», ЖалалАбад областынын «Жоогазын» командаларынын ортосундагы оюндун жүрүшүн Ашимов Өмүрбек Абдымаматович алып барды. Сынакка активдүү катышкан Айсулуу Темирова, Айжан Мырзабаева, Султанова Тамара, Шайыр кызы Тамара, Алтынбек кызы Айжаркын ж.б. баалуу сыйлыктар менен сыйланып, жыйынтыгында «Курманжан

Датка» камандасы жеңип чыкты.Жеңип чыккандарга арнап Өктөм Мамаева төмөнкү ырды окуп берди: Ала-Тоонун көркөмдүү ак куулары, Асыл ойду ширеген акылдуулары. Аруу сезим орноп аппак кардай, Ар бириңди жууп өттү акыл cуулары. Тоодой куба так дилиңде туйласын, Тамыр күч толуп бошко турбасын. Тагдыр татаал тайгак жолдордо, Талаада мусапырлык каар бузбасын. Кар алдында баш бакан байчечекей, Коркун бузат суук ичекей. Күчүңөргө күч кошуп ширетилген болоттой, Каршылыкты жеңгиле болсоңор да назиктей. Жаз келет жаркырап күмүш нурдуу, Жадырап аалам жайнап силер сырдуу. Жагынып турсун ак калпак жигиттер, Жан жыргаткан улуулук ырахаттуу. Келгин куштай жүргөн жерди баалайлы, Коом өзгөрдү элден артта калбайбы. Кыска өмүрдө музда калган ак куудай, Кышта дагы жаздай көрүп жашайлы ! 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Санкт-Петербургдагы диаспорасы тарабынан коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн граматалар менен төмөндөгү аялдар сыйланды: Мамаева Өктөм, Токтобаева Зина, Шералиева Айгул, Уразова Бүсайра, Капалова Бүбүсайра, Мырзамамытова Назира, Жарматова Дарыйка, Бубаева Калдаркан, Төрөканова Батма, Бакирова Мира, Асанбаева Зарина, Шеримкулова Жыпара, Жолдошева Гүлмира. Майрамга карата аялдарга каалоо тилек айтып ырчы аткаруучулар Токтобаев Керим , Ашимов Өмүрбек, Бекмаматова Тахминалар өздөрүнүн өнөрүн көрсөтүшүп жалпы кеченин конокторуна жагымдуу ырларды тартуулашты. г.Санкт-Петербург Шерматова Чынара


07

№ 03 (21) / 2011

www.presskg.com

Мал-жанды тоого айдасын, Маңдайда булбул сайрасын. Маанай жакшы күлкү болуп, Макалдаш сөздөр жайнасын. Түбөлүк китеп оң болсун, Түбүңдө китеп он болсун. Түркүн жемиш өсүмдүк, Түшүмүңүздөр мол болсун.

Бахтияр Орозбеков, Таластан 8 (967) 118-98-81

Төмөндө окурмандарыбыз жыйнап жана өздөрү толуктаган баталарды сунуш кылабыз:

реклама

БАТАЛАР Алдыда жалаң той болсун, Аллах мээримиңде ой болсун. Айланган ырыскыны кармап калып, Артыбыз уй, торпок, бээ, кой болсун.

Бабабыз Бакайдан калган ак бата, Баатырың Эр Манас алган ак бата. Энебиз Каныкей берген ак бата, Эзелтен айтылып келген ак бата. Ооба, кылымдардан кылым карытып келе жаткан баталар, бүгүнкү күндө мурдагыдан да чоң мааниге ээ болуп бара жатат десек болот. Анткени элибизде жакшылык иштер күндөн-күнгө көбөйүп, ар бир үйдө наристелер көз жарып, уул үйлөнүп, кыз чыгарылып, мааракелер өтүп жаткан кез. Андайда элибиздин алакан жайып тилегени эле ак бата, Баталарды бир нече топко бөлүүгө болот: - Жаңы төрөлгөн балдарга бата, - Сүннөт батасы, - Кыз узаткандагы бата, - Уул үйлөгөндөгү бата, - Үйлөнүү үлпөтүндөгү бата, - Жаңы орозгерлерге бата, - Үй той өткөргөндөргө бата. - Маараке ээлерине бата, - Жалпы бата ж.б.

НУР

Жаңы төрөлгөн уулга бата

Нооруз батасы

Оо жараткан өзүң жалга! Жакшылыгыңдан тайба. Ыйман берип ылдыйда жөлө, Ымыркайынан ырыска бөлө.

Саламатсыздарбы туугандар, Салты экен жаңы нерсени жуугандар. Сагынып келип бул жерге, Саламыңды окуп тургандар. Нооруз майрамыңыздар кут болсун, Босогоңуздар толо бут болсун. Төрүңүздөргө кут консун, Ар дайым үй бүлөңүздөргө ырыскы сүт толсун. Түшүмдүү болсун күзүбүз, Жакшылыкта болсун түшүбүз. Каардуу болсун кышыбыз, Көңүлдүү болсун тышыбыз. Сулуу болсун жазыбыз, Аман болсун башыбыз. Ысык болсун жайыбыз, Кут болсун март айыбыз. Баарыңыздарга бакыт нур болсун, Байланган жакшылык кур болсун. Баскан изибиз кудайга жагып, Бакыт тост сөзүм ушул болсун.

Нур-сандыктын СМС бурчу А. 0011 Сатсалова Самара Москвадасызбы? Кабарлашыңызчы. (Алтынбек. Москва ш. тел 8(926) 950-47-01) А. 0012 Бакиевге: Хан жайлоо Каркыраны саттырганча, Баткенден өрүк терип сатпайт белең, Ырысбек, Баяман жана элди аттырганча, Нашакор Максиминди атпайт белең. ( тел 8-926- 042-21-28) А.0013 Салам «Нур реклама» гезити баарыңарга чоң жетишкендиктерди каалаймын, Москвадагы жердештерге чоң салам. ( Санк Петербургдан, Низа 8 (904) 611-57-42 ) А.0014 Бакыт, сүйүү, ден соолукту, Алып келсин ушул жаз, Орундатып тилектерди, Оомат берсин ушул жаз. (Диля. Жалал Абад +7(996) 777-68-14-03) А.0015 Ченде жок баатыр чыкты Камбаралы. Тез эле Бакиевди жандап алды. Сандалып аяк жакка неге барды. Акыры Талас эли таяктады. (Улан м. Бауманская.тел 8-926-042-21-28) А.0016. Адашкан кыргыздар! Аллахтан коркуп, туура жолду тандайлы. (тел 8-926-285-10-95) А.0017. Экономикасы начар өлкөнүн эли саясатчы, экономикасы жакшы өлкөнүн эли саякатчы (Акылбек, Балашиха ш.тел: 8-967-137-70-03) А.0018. Мухаммед сени сүйөм жаным! Менин кечиккен махабатым, сүйүүмсүң. (тел: 8925-189-16-28) А.0019 Анекдот: Кыз балкондо туруп, өтүп бараткан жигитке: - Мени зордуктап салабы деп коркуп жатам. Анда жигит:-Кантип зордуктамак элем, сен балкондо турсаң. -Мен азыр ылдый түшөм да – дептир кыз. (Аймончок, м. Чистый пруд, тел: 8-909-694-64-37) А. 0020 Думаете, приятно слышать про отца которого я даже не знаю. (Айка, тел: 8-926-976-03-01) А. 0021 Айжан! Поздравляю с днем рождения» Желаю счастья, любви и исполнения всех желаний, успеха во всех делах! (Ира,м. Дмитроевская тел: 8-916-363-55-67) СМС - жөнөтүү телефондор: тел: 8-925-780-36-76

Кесепеттүүнүн сөзүнөн сакта, Кескинин көзүнөн сакта. Кара жердин төшүнөн сакта, Касиетсиздин өзүнөн сакта. Агаларына атчы болсун, Инилерине башчы болсун. Бир туугандан көп кыл, Бүт тарабын төп кыл Ченемсиз билим бер, Чексиз илим бер. Өргө кулатып ташын, Узун кыл өмүр жашын.

Жаңы үйлөнгөндөргө бата

Дасторконуңар бөксөрбөсүн, Пейилиңер өзгөрбөсүн. Кендириңер кесилбесин, Жүрөгүңөр эзилбесин. Куттуу үйдөн бешик ыры ырдалып, Эч нерседен кем болбогула. Наадандарга тең болбогула Кармаганыңар алтын болсун, Саябаныңар салкын болсун. Кийгениңер баркыт болсун, Башыңарга бакыт консун! Жакшы сөзгө канатташ болгула, Жакшылыкка жамаатташ болгула, Кармашкан колуңар үзүлбөй, Ырыскылаш, табакташ болгула. Өмүрүңөр узун, ден соолугуңар чың Дасторконуңар жайыл болгула, Укум-тукумуңар көбөйүп, Өзүнчө бир чоң айыл болгула!

Айжан Мамасадыкова тел: 8-925-780-36-76 Жалал-Абаддан

Жалпы бата Оо жараткан алла! Жарды кылба малга, Уул-кызды эгизден бер Телегейи тегизден бер, Дилиңде асыл ой болсун, Билгенибиз той болсун, Узун өмүр жаш берсин, Кетпес дөөлөт бак берсин. Бир уулуң жер оодарар дыйкан болсун. Кырманга кызыл батпай ырыс толсун. Бир уулуң эл башында султан болсун. Үйүңдөн мейман кетпей, кутка толсун! Өмүр көчүң байсалдуу болсун. Өзгөдөн өтүп атактуу болсун. Кыздарың кылымда жок сулуу болсун, Бешене аурасы улуу болсун. Жигит пири Шаймерден жылоолосун, Теңир сүйүп бейкут жашоо ыроолосун.

Ээрчишип эгиз козудай, Өмүрдүн көктөмүн өрдөгүлө. Төркүнүм деп, кайын деп, Эки журтту бөлбөгүлө.

Кеңеш сурайм, сизден окурман!

Айымгүлгө келген кеп-кеңештер: Гезитибиздин өткөн санында, Нурсандык рубрикасында Айымгүл аттуу кызыбыз окурмандардан кеңеш сураган эле. Айымгүл, окурмандардын сага айткан кеп-кеңештерин окуп көрүп, өзүң жыйынтык чыгар. - Айымгүл сага менин кеңешим, кызыңдын атасын таап, жолуктур. Өзүңдү кызыңдын ордуна коюп көр. (Кенжегүл, Оштон, тел: 8-925-823-54-60) - Айымгүл эже, атасын көрсөтпөсөңүз да айтып коюң, кийин кеч болуп калат. (тел: 8-906—768-87-20) - Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт демекчи, атасы менен тааныштырыш керек. (ДОМ тел: 8-906—768-87-20) Төмөндө өз тагдырынын эртеңи тынчсыздандырган Зууранын катын сунуштайбыз, окуп оюңузду айтыңыз: - Эл катары окууну бүтүп ЖОЖго тапшырдым. Жаңы жашоо, жаңы адамдар, жаңы чөйрө. Он сегиз жашымдын жазында алгачкы сүйүүмө кезиктим. Анын кандай адам экенин билген сайын жакшы көрүүм күчөй баштады. Ал менин жашоомдун мазмунуна айлана берди. Бизди бүт жатакана билчү, айрымдар мага таң калчу, ушундай да болобу деп. Себеби улуту түрк (кыргызстандык) болчу. Башымда түркүн ойлор:

ата-энем укса эмне дейт, тууган-урук, досдушман деги койчу. Акыл калчап көпкө ойлондум, баары бир сүйүүмдөн кече албайт ��олчум. Мен үчүн Зуфардын сүйүүсү башкы орунда эле. Ошентип 3 жыл өтүп кетти, бул жыл ичинде бири-бирибиздин ата-энелерибиз да билип, башында каршы болушса да кийин көнүп кетишти. Мен 3-курсту, ал 5-курсту аяктадык. Андан соң мен окуумду уланта албадым, Москвада иштеген эгизим чакырып туруп алды. Бирибирибизсиз жүрө албай калгандыктан бирге келдик. Мен эгиз бир тууганым, эжемдер менен бирге, Зуфар Москва районунда достору менен жашай баштады. Күндөрдүн биринде метродо жолугушуп, сүйлөшүп турсак кыргыз балдар негедир бизди жекире карап өтүп жатышты. Түшүнбөдүм. Анан эскалатордо чыгып келе жатсак, эки кыргыз жигит бизге карап сөгүнүп жатпайбы. Үйгө маанайым чөгүп кайттым. Бул жөнүндө эжемдерге айтып бердим, көрсө Москвада кыргыз кыздар менен тажик балдардын мамилеси опурталдуу маселе турбайбы. Ошол бойдон биз көрүшпөскө келиштик. Анткен менен жүрөккө буйрук берип болбойт экен. Улуту башка экени биздин аруу махабатыбызды, үмүт-тилектерибизди жокко чыгарабы? Кыргызстанда мындай окуяга туш келбей ушул жерге келип... Кандай дейсиз, окурман, мындан ары эмне кылышым керек? Мен ага ишенем, себеби алам деген ак ниети болгон үчүн 4 жылдан бери абийириме тийген жок. Буйруса, күздө той, сиздерден чыдамсыздык менен жооп күтөм. Зуура Калмаматова PS. Урматтуу окурман, Зуурага айтаар кеп-кеңешиңиздерди СМС аркылуу 8-925780-36-76 телефонуна жөнөтүңүз.

Улан Болотов Түптөн, тел: 8-926-042-21-28

«Эгернизмдер» - Эгер бейишти кааласаң, күнөөдөн алыс бол! (тел: 8-926285-10-95) - Эгер бүгүн кечинде келбесең, анда аялыңа телефон чалып, экөөбүз жөнүндө баарын айтып салам. (Мира, тел: 8-964704-38-24) - Эгер мени менен дагы беш жыл жашасаң, менден алган отуз беш миң сомду кечип жиберем. (Гулбара тел: 8-905-752-42-36) - Эгер квартирада сага тиктеп-тиктебей бирөөсү күңгүрөнүп өтсө, анда ал сени жактырбайт, орусча айтканда «терпеть не может». (Элмира, тел: 8-925-161-17-88) - Эгер бешенеңе жазылганы ошол болсо, тагдырыңа таарынбай эле кой. (Перизат, тел: 8-925-795-95-28) - Эгер сени алам десем, сүйүнгөнүңдөн жүрөгүң жарылып кетет чыгар. (Азамат, тел: 8-926058-58-10) - Эгер Москвада турмушка чыккың келсе, ошол жигитиңдин апасына квартирант болуп жашап, ага жалаң гана жакшы сапаттарыңыд көргөз, дайыма шылтоо таап белек берип тур. (Мелис, тел: 8-929-968-11-35) Бетти даярдаган: Айжан МАМАСАДЫКОВА


НУР

реклама

№ 03 (21) / 2011

www.presskg.com

08

Өнөрүң болсо өргө чап

ТАМАДАНЫН ТАҢ КАЛТЫРГАН ТАЛАНТЫ Тамада жөнүндө төрт ооз сөз: Биз сөз кыла турган тамаданын аты-жөнү Мамасадыкова Айжан Балтабаевна - Жалал-Абад шаарында жашайт, үй-бүлөлүү.Эмгек жолун 1994-жылы Ош шаарындагы Ю.Гагарин атындагы гимназияда пионер вожатый болуп баштаган. Андан киийн Сузак районунун П.Жуманазаров атындагы орто мектебинде, 1998-жылдан 2008-жылга чейин Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде жөнөкөй методисттен баштап кафедра башчылыгына чейинки кызматтарда иштеген.Эки ыр жыйнагынын автору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү отличниги. Тамадалык кызмат боюнча он жылдык стажы бар. Курманбек – 500, Жалал-Абад -130 мааракелерин шаардык масштабда алып барган. Ыр кесеге, тойлорго, мааракелерге, юбилейлерге жана корпоративдик иш-чараларга байма-бай алып баруучулук кылган. Азыркы учурда Москва шаарындагы Эл аралык инвестициялык банктын кызматкери. Жакында «Нур реклама» гезити уюштурган «Москва кайрыктары» аттуу конкурсунун жеңүүчүсү болду. Эң кызыгы, Айжан биз берген суроолорубуздун дээрлик бардыгына ыр жана жорго сөз менен жооп берди. Эмесе, урматтуу гезит окурмандары, ушул маекти сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз. Айжан, сизди жакшы тамада, тойлорду жакшы алып барат деп уктук, өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз. Балтабай кызы Айжан, Жылым тоок, жылдызым кой Төрөлгөм март этектеп, Турганда жылдыз толуп, Келечек өмүрүмдө, Жангым бар, Акындардын асманында, Өчпөгөн жылдыз болуп. Атым менин коюлган Айжан делип, Ай дегени көктөгү жарык берген. Жан дегени пендемин кудай деген, Насибимди жер үстүндө терип жеген. Сузактын Кызыл-Сенгир айылында, Төрөлгөм бүлөсүндө кызматчынын. Той-топур, эл чогулган мааракеде, Бой жетип, тамадалык кызмат кылдым.

Баш сөз Ар бир нерсенин сааты болот тура. Антпегенде мындан жети жыл мурда кулагым чалган Абдырахман палван жөнүндөгү баянды ушугезге дейре сары майдай сактап жүрбөсөм керек эле. Мына эми сааты чыгып, айтылуу Лейлек жергесинин Кулунду айылынан чыккан Абдырахман палван баянын «Нур» газетасына жарыялоону ылайык таптым. Баса, бул баянды мага ушу таптагы КР парламентинин депутаты Малик Осмонов деген палван агам айтып берген эле. Эмесе, ошол баянды канчалык деңгээлде кагаз бетине түшүрө алганыма өзүңүздөр күбө болуңуздар, ардактуу окурмандар.

Күрөш жылдызы «Артта калган ХХ кылымдын 70-жылдары кыргыз күрөшүндө өтө чоң бурулуш болгон. Ушунакай бурулуштарды жараткандардын катарында Абдырахман палван деген болгон. Бою 175 см.деги ак жүздүү,

Кесибим болсо тилчи (орус тили жана адабияты), үйрөткөмүн өзүбүздүн балдарга, тили буруу элдерге (түрктөргө) кылым баскан кыргыз тилди, уюткулуу улуу элдин нарк-насилин барктаймын, алмустактан келаткан, ата салтын сактаймын, учурунда алгамын, тил үйрөтчү билимден, ыр жазам төгүп дилимден, ыр жазууга дилгирлигим билинген, ошентип эки китеп чыгаргамын, азыр да аз эместир, эл ичинде угарманым. Тамада болуп калышыңызга эмне себеп болду? Өтө олуттуу себеп деле жок. А табиятымдан көпчүлүктүн көңүлүн буруп сүйлөгөндү жактырам. Жараткан өңдөн-түстөн бербесе да, Таланттан өнөр-шыктан кур койбоду. Чогулган той-тамаша, мааракеде, Адатым бар ыр арнап, айта койчу. Негизинен мектеп партасынан баштап эле алып баруучулук кылчумун. Анан студенттик мезгил, иштеген учурларда дагы көбүрөөк алып бара баштадым. Тойлордун бардык түрүнө тамадалык кылдым: бешик той, сүннөт той, кыз узатуу, үйлөнүү той, маараке, юбилей ж.б. Тамадалык кылуунун, тойду жакшы алып баруунун сыры эмнеде? Тойго тойдой керек мамиле, Топуратпай элди баштагын. Көңүлдөрүн буруп өзүңө, Туура сүйлөп, сүрдөп, шашпагын. Коноктордун карап көңүлүн, Мүмкүн болсо сүйлө ыр менен. Ким болбосун: улуу, кичүүбү. Сүйүнүшөт алса ыр белек. Уюштуруп түрдүү оюнду, Кызыктыргын ар бир конокту. Кыска сүйлөп, жеткире билгин, Айта бербей узун жомокту. Өзүңүз да жакшы ыр жазат турбайсызбы. Эки китебиңиз жарык көрүптүр. Тамадалыкта да ар бир сөзүңүздү куюлуштуруп, ыр менен айтат дейт. Мунун канчалык чындыгы бар? Ооба, Ошондой болгон учур бар, Жазылып калат жаңы ырлар.

Келип турат оюма, Ыр жаңырып дагы ырлар. Китептерим тууралуу, Жакшы сөздөр айтылды. Ыр жазуу да жакшы экен, Көтөрдү кыйла баркымды. Кандайдыр бир тойдун же кеченин жакшы өтүшү тамадага байланыштуу дейт, бул туурабы? Кече жакшы өтүшү мүмкүн, Көңүл коштук эгер болбосо. Сүйлөп жатсаң кызык сөздөрдү, Сени уккан адамдар болсо. Тамада бул - тойдун ажосу, Болбойт тойдо анын кожосу. Чындыгында сага гана тийиштүү, Тойдун мыкты болуп, болбошу. Тойдо эл мас болуп калса акырына чейин алып барбай, таштап кетип калган тамадалар болот экен. Эгер сиз тамадалык кылып жаткан тойдо көпчүлүк мас болуп калса, алардын көңүлүн өзүңүзгө кантип бурасыз? Албетте, таштап кетип калуу туура эмес. Ишимдин таппай катасын, ошол мас болгон киши да, эл алдында аябайт менден батасын. Демек, мен мас болгон элдердин көңүлүн, өзүмө бура алам, жогоруда айткандай, мастардан да дуба алам. Бул деген менин профессионал тамада катары «кесиптик сырым». Ага учуру келсе күбө болорсуздар. Чоң ыракмат, Айжан бүгүнкү кызыктуу маегиңиз үчүн. Сизди дайыма тамада катары той үстүнөн көрөлү. Чыгармачылык ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Ылайым, бар болуңуз, бай болуңуз. PS: Эгер Сиз туулган күн, үйлөнүү үлпөтү, юбилей, маараке өткөрө турган болсоңуз, жакшы көргөн же сыйлуу адамдарыңызга арноо ырларын жаздыргыңыз келсе Айжан тамадага кайрылыңыз. Байланышуу телефондору: 8 (926) 738-53-54, 8 (925) 780-36-76 Маектешкен: Айнура Каипкулова

САНДАН - САНГА

АБДЫРАХМАН ПАЛВАН

жылтыр сулуу, периштелүү Абдырахман палвандын атагы бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн ичи-койнун аралап,болуп турган кези экен. Бир көргөн жанды өзүнө тарткан Абдырахман палвандын күрөш асманында жылдызы жанып турган чагы. Мен айтылуу палванды дал ошол жылдары көрүп калдым. Ошол жылы Өзбекстандын 1-секретары Шарап Рашидовичтин демилгеси менен Совет-Абадда бир айга чукул күрөш өнөрүн эл сынына тартуулоочу палвандардын таймашы болуп өттү эле. Ошондо Абдырахман палванды көргүсү келген биздин Барпы айылдын тургундары түп көтөрө көчүп барышкан. Өнөр көрсөтүлүүчү жайга туш-туштан жеңил машинелер менен атактуу палвандар келишти. Ошолордун бардыгы жалгыз гана

Абдырахман палван менен күрөшүүнү эңсешип, кезекте турушту. Эмне үчүн мындай болуп калды? Себеби, ушуга чейин жалаң бой-келбети зор палвандар гана жеңишке жетишип келген болсо, Абдырахман палван бой-келбети кичинекей адам деле жеңиштин туу чокусуна чыга аларлыгын далилдеди. Канчалаган оор салмактагы палвандардын бирин калтырбай оңго-солго жембаштыктай эле чаап жатты. Элдин дуулдаганын айтпа. Улут-улутка карабай калышты. Тажикпи, өзбекпи, кыргызбы, айтор, баарысы Абдырахманга жан тартышып, көрсөткөн өнөрүнө ичтеринен ыраазы боло алкап турушту. Эң кызыгы, адатта тегерек тарткан аянтта жуп-жубу менен 20-30га жакын палвандар күрөшүшчү. Ал э��и Абдырахман ортого чыкканда, башка палвандарга эл назар салбай коюшчу, натыйжада Абдырахман гана түгөйү менен кең аянтта жалгыз күрөшчү. Абдырахманда жеңилүү ызасын тартуу деген такыр жокко эсе эле... (Уландысы кийинки санда) Акылбек МАМАДАЛИЕВ,

КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү.


09

№ 03 (21) / 2011

www.presskg.com

Н А М А Л А Ш БА

НУР

реклама

БИР АЙ БОЮ КАР КҮРӨП АЛДАНДЫК

ТУРМУШТАН ТАМГАН ТАМЧЫЛАР

К

ызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет дегендей турмуштун дайрасында чамындыдай кайда гана акпайсын. Анын сыңарындай туулган жерими таштап, бөтөн эл, бөтөн журтта күн көрүп келе жатканыма да беш жылдын жүзү болуптур. Не деген өтмүштөрдү

баштан кечирбедим. Эмесе, шиңгилшиңгилдерин назарыңыздарга сунуштамакчымын. Көзү көгөргөн, курсагы өзөргөн бозбаш өткөндө Москвада метро менен баратып, каратору, бир бозбаш балага көзүм түшүп калды. Көзүнүн оң ыптасы көгөрүп, таяк жегени байкалат. Карасам кыргызга окшоштой. Негедир кыргыз көрсөм, көңүлүм алып учкан жаным, дароо жанына барып кепке тарттым: - Кандайсың жигит? -Аа, жакшы, - көңүл суз ооз учунан жооп берди. - Не иш менен алексиң? - Ошо иштин жоктугунан көчөдө каңгып жүрбөймбү, байке - Каап, качантан бери ишсизсиң? -Беш айдан бери Андан ары жашоодон аябай кыйналгандыгын, айылдагы ата-энесине акча

жибере албай арасат ойдо экенин, иштейин десе керектүү документ чогултканы акчасы жоктугун айтып муунужүүнү бошоду, байкуштун. Ал тургай көзүнүн не себептен көгөргөнүн да айтып берди. Көрсө, чогуу жашаган квартирасындагы бир байкенин муздаткычынан (холодильник) тамагы жоголуп кетет. Анан «Иштебей үйдө жатасың, сен жебегенде, сенден бөлөк ким жемек эле?» деп сабап салыптыр. Бирок мен жеген эмес болчум деди. Куру дооматка кабылып, таяк жегенине боорум ооруган бойдон колуна 200 рубль карматып, жетер жериме жеткенде эки башка жолго түштүк. Байыртан бери меймандос касиетти көөнө боюна сиңирген кыргыз качан тамак үчүн кырылчу эле? Кыскасы мээ чырмаган ойлордун жетегинде заманага чыйт түкүрүп бараттым…

М

осквага келгениме 3 ай болду. Келип эле балдардын сунушу боюнча этаж үйлөрдүн үстүндөгү кар күрөгөнү ишке кирдим. Бир ай бою 5 бала болуп кар күрөп иштедик. Бизди ишке алган Андрей иш бүткөндө, бир айдан кийин бизге 100миң рубль бериш керек эле. Кийин иш бүткөндө Андрейди издеп таба албай койдук, же офисин билбейбиз, же телефону жок. Өзүнүн берген телефонуна чалсак бир орус аял алат, Андрей деген немени тааныбаймын деп. Ошентип алданып калдык жердештер. Башка жердештериме айтаар элемин, ишке кире тургандар иш жеринин адресин толук билип, договор түзүп анан ишке киргиле. Бизге окшоп алданып калышыңарды каалабайбыз. Көчөдөн эч качан ишке жүргүлө десе барбагыла-дейт, Бакыт Бейшенов

КЫРГЫЗСТАНДЫК АТА ЭНЕЛЕРДИН ЭСИНЕ!

АДАШКАН ПЕНДЕ

У

шуреки эл сөзү башка тарапта кандай экенин билбейм, бирок Россияда аябай эле күчүнө киргендиги анык. Алгачкы общиналык доордогудай 2030дай адам жашаган резинадай чоюлчаак квартираларда укмуш сүйүүлөр кездешет. Айрыкча, апасы менен тең аялга үйлөнгөн жигиттер жүздөп саналат. Бир ирет мындан 2 жылы илгери метро 1905те жашап калдым. Таңсулуу(аттары өзгөрдү) деген атына заты жарашкан 45 жаштагы татынакай эже бар эле. Медицина тармагында иштегенгеби чын жашынан алдаганча жаш көрүнчү. Күйөөсү балдары менен Кыргызстанда экен. Тыпылдап басканы да, күлгөнү да, айтор кандай аракетте

26

-март күнү Малика экөөбүз Алексеевская метросуна чакыруу билети менен КМШ мамлекеттери биригип өткөрүп жаткан Нооруз майрамына бардык. Өз улутунун кийимин кийген тажик киши тосуп алды. Ары өтсөк кыргыз көйнөкчөн келин бизди утурлап чыкты. Шаңдуу музыка жаңырып, көпчүлүк ортодо чаңытып бийлеп жүрүшөт. Бизге орун даярдап беришти. Олтуруп олтура электе эле өзбек жигит орусчалап молитва окуп кирди: «О боже! О всевышний, ты велик! Я тебя люблю и верю! ж.б.» Бардык коноктор ордуларынан туруп жигиттин айтканын кайталап жатышты. Малика мени, мен аны тиктейм. «Оо, жараткан! Кечире көр! Билбеген уу ичет деген ушул го»,- деп апсаламибиз пир болуп олтуруп калдык. Көрсө, биз КМШ мамлекетинен келген улуттардын Христианствону кабыл алган сектасы уюштурган майрамга барган турбайбызбы. Эмне деген шумдук, башкасын кой, кыргыз улуттук кийимин кийип, колуна кыргыз комузун кармаган кыз-жигиттердин кубарыпкумсарган өңдөрү, кудай таануу жана Иса жөнүндө айткандары, өздөрүнчө жыйын куруп алгандыгы оозубузду ачырды. Ушунча болду, аз да болсо маалымат алып кетели деп, алар менен акырындап тааныша баштадык. Мен чай таркатып жаткан жигиттин жанына барып сурадым. - Я иранский таджик. Кажется вы здесь первый раз. Это христианское общество – деди. Гүлбайра Ноокаттан, «Слово жизни» чиркөөсүндө Иса таануу курсунда окуйт экен. Кайын сиңдиси Рахат экөөнүн кудай тааныганына 11 жыл болуптур.

болсо да адамды өзүнө тартып турчу. Жашырганда не? Эркектаналардын баары ашык болдук. Калемгер болгонума байланыштуу түн ичи уктай алчу эмесмин. Ошондой күндөрдүн биринде төшөгүмөн туруп, түн бир оокумда дааратканага барсам эшик бек. Ичинен аял менен жигиттин махабатка балкыган дабыштары угулууда. Тууй, энеңди десе! Аста артка кайттым. Келсем бөлмөдө Таңсулуу эже менен 19 жаштагы Балбай деген жигиттин орду бош. Баары түшүнүктүү болду. Сыр бербей жатып алдым. Эртеси күнү түндө такыр эчтеке болбогондой экөө эч кимге шек бербей жүрүшөт. Баласындай болгон баланын башын айланткан эже көзүмө жыландай элестеп, «Шуркуя

болбой жерге кир!» деп ичтен сөгүп жаттым. Тетири жүргөн пендени Кудай бир күн жазалайт дейт. Кесири балдарына тийбесе экен… Акылбек Мамадалиев, Балашиха шаары

ДИНИҢДИ ӨЗГӨРТСӨҢ, ТУРМУШУҢ ОҢОЛОБУ? Кутман - Өзгөн районунан, конокторго мындай деген сөзүн айтты: «Асмандын паспортун алгыла, Жердеги паспортуңар убактылуу. Асман паспортун алып, кудайды таанысаңар, кудай силерге каалаганыңарды берет». Айгүл - Бишкектен: «Ар базар күнү Текстильщики метросунда кыргыздардын жыйыны болот. Теңир жыйыны деп аталат. Сиз да келиңиз, көрөсүз, кудай сизден жардамын аябайт», – дейт. Кыскасы, алды он бир жыл, арты үч жылдан бери «Өз кудайына» кызмат кылгандар менен баарлашып, айтар сөзүбүздү таппай, «Ырахмат чайыңарга биз баралы»,- дегенге араң жарап, чыкканча шаштык. Айтор, кудай силерге берет, кудайдан сурагыла деген чакырык менен кайрылып жатышты чогулгандар. Булар иштебей эле тез-тез жыйын өткөрүшүп, элди үгүттөп олтурса, акчаны кайдан табат деген суроого жооп таппай турганымда чачы өскөн, төшүн түк баскан түрк кептенген киши мусор сала турган чоң полиетилен капты көтөрүп элден акча жыйнап жүрдү. Тим эле баласына берип жаткансып, шаша-буша капка акча салып жаткандарды көрүп, кудайыңар ушинтип берет турбайбы деп өз суроомо өзүм жооп таап турдум.

«НУР» пресс

Жарык дүйнөгө ыңаалап келип, азан чакырылып ат коюлуп, мусулмансың деп Ислам дини ыйгарылган кыргыздарыбыз атабабанын диний мурасын четке кагып, «Исаулук, Иса-биздин кудай, Иса бизди жыргатат, Исага кызмат кылгыла»,- дегендерине жол болсун. Анчалык Иса кудайы аларды жыргатса, Москвадан эмне издеп келишти да эмнеге жер кезип жүрүшөт? Дегеним Рахат аттуу Ноокаттык кыз: «Кудайды тааныганыма 11 жыл болду. Курская метросунда комуз кружогум бар. Турмушка чыга элекмин. Мени ушул динди кабыл алган жигит эле албаса»,дегенин угуп, сулуучасынан келген, кара тору, узун бойлуу, кара каш, кой көз, кара чачтуу Рахатка бир чети боорубуз ооруду. «Балким, диниңди өзгөрткөнүң үчүн бактың ачылбай жаткандыр байкушум»,- дедим ичимден. Замандаш, кудай өз тирилигиңерди өзү өткөргүлө деп алты саныбызды аман кылып, акыл берген. Ошондуктан кесир жолго түшүп, бөтөн динге өтүп, турмуш жыргалчылыгын издебей эле койгулачы! Бул кылыгыңар менен жараткандын мыйзамына каршы чыгып жатпайсыңарбы! Малика жана Айдай.

Саламатсыздарбы кыргызстандык ата - энелер! Москвага уул кыздарыңыздар иштейбиз деп келип жатышат. Келгенден эле жыргап кеткени жок, биринин иши жүрүшсө, экинчиси иш тапмак түгүл, жегенге аш таппай жүргөнү жүздөп саналат. Уулуңуздардын бөтөн жерде тентип-темселеп, нан сурап калышын, кызыңызардын ач курсактын айынан улутуна карабай, ичи челектей болгон кишилерге жер төшөк болушун каалайсызбы?! Мындай заман курмандыгы болгуңуз келбесе, уул-кызыңызды Москвага жөнөтпөңүз, суранам! Жок, балдарым иштебесе тирилигибиз өтпөйт десеңиз, анда төмөнкү кесиптердин бирине окутуп, кесипке ээ кылып анан жөнөтүңүз: повар, парикмахер, маникюр, пекарь, кулинар, электрик, сантехник, маляр жана башка күндөлүк турмушту тейлөөчү кесиптерге үйрөтүңүз. Же эмне кызыңыздын 12 саат бою тынбай уборкада, посудамойкада иштешине, уулуңуздун дворник, грузчик болушуна макулсузбу? Айтор, сиздерге айтарым, Москваны акчанын бейишиндей элестетпеңиздер. Айжан Мамасадыкова.

PS. Москвадагы мигранттардын жашоо шартын жакындан билгиңиз келсе, «Нур реклама» гезитин калтырбай окуп туруңуздар.


НУР

реклама

ЫР САПТАРЫ

www.presskg.com

№ 03 (21) / 2011

Москва кайрыктары

10

Тоолор Тоолордо тоодой сыр жатат, Тоолордо тоодой ыр жатат. Тоолорум деп тоолуктар, Тоолорум деп ырдашат. Тоолорго барсаң ар убак, Ачылат анда көңүлүң. Аралап бассаң арчасын, Оң жакта учат кекилик, Сол жакта коён секирип, Бутактан бутак бекинип, Көңүлүң чөксө тоого бар, Тоолоруң сени даарылайт Өзүм каарып барсам да Тоолорум менин карыбайт. Иляс Тургунов Кара-Жайдан 8 (916) 789-44-87

Периштем Бийлеп соккон наз жүрөгүм сен деди, Билбейм, кантип арбап алдың сен мени? Периштедей көркүң көрүп тамшанар, Пенделердин баары жүргөн жердеги. Ал эле эмес шыңгыр күлкүң укканда, Аста каалгып канат какпай куштар да, Куштарлана кулак түрүп калышар, Кудурети жетпей такыр учканга. Садагам ай, не кетирдиң айламы? Сага деген сезим гүлдөй жайнады. Көөхардай ажарыңан айбыгып, Көзүн ымдап, жылмайууда Ай дагы. Боолголоп туйбасам да этегин, Боз баркыттай барктуу болор эртеңим. Жар чакырып Ыраймалы, Бегимдей, Жаңыртабыз махабаттын эртегин.

Туйлап соккон наз жүрөгүм сен деди, Туурума кондурайын мен сени. Канча жылдар жылса дагы эскирбей, Калсын сүйүүм таңгалдырып пендени!.. Акылбек Мамадалиев, Сузактан 8 (967) 137-70-03

Сурануу Айганышым

Үй-бүлөлүү бир келинге кезигип, Сүйгөнүмдү сурабачы суранам. Көрбөй калсам эгер бир күн эзилип, Күйгөнүмдү сурабачы суранам.

Айганышым – айдай кызым медерим, Жараткандан тартуулаган белегим. Капалансам жубатаарым, Кубанычымды тең бөлүшөөр зирегим!

Билбейм канча эзилемин дагы мен, Көрмөйүнчө туралбаймын аны мен. Түшүмдөн да кетпес болду карааны, Түбөлүккө бир болсом дейм ал менен.

Айганышым гүл кызым жароокерим, Мезгил агып бойго жетип келесиң. Карагат көз, боюң шыңга суйкайып, А мен үчүн баягы эле секелексиң!

Жүрөгүмө ээлик кылып алдың бейм, Сени дайым эңсегеним эңсеген. Билип туруп билмексенге саласың, Асылзаадам, кандай жансың деги сен? Макул болчу жолугууга чакырсам. Арманым жок таңды бирге атырсам. Суранарым жүрөгүңдөн орун бер! Алоолонгон сезим оту басылсын.

Боорума имерип жыттай албай, Энелик мээримди чача албай, Садагалап жалынып сүрөтүңө, Алыстамын, кусадармын Сагынычым баса албай!

Уулдарым – канатым Уулдарым – оргуп аккан тунук булагым, Шылдыраган үнүңөрдө кулагым. Непада кошулбасын киргил суу деп, Агымыңа сереп салып турамын. Уулдарым – кош канатым бутагым, Ысысам көлөкөлөөр чынарым. Турмуштун ызгаар суугу каптаса, Силерсиңер баш пааналар турагым.

Сүйүү деген жалындаган от беле? Аны басар дары сенде жок беле? Ак сүйүүмө өзүң болчу дарыгер. Суранамын сунушума жок дебе !

Уулдарым өмүрүмө жарык берген чырагым, Жарыгыңан кайрат-кубат аламын. Көңүл чөгүп, бугум жазаар кез келсе, Ийиниңе башым жөлөөр ынагым.

Азамат Кулманбетов, Тел: 8-926-058-58-10

Байсалова Майрам, Жалалабаддан Москва шаары 8 (964) 594-30-17

Эл катары мен да келгем айылдан, Эстеп айтсам бир жыл өттү арадан. Эх, убакыт өтө берет турбайбы? Эрктүү, күчтүү курак өтүп баратканы. Бөтөн элде жүрөбүз кадырданып, Боорум ооруйт туура эмес кеп укканмын. Бир карын майды бир кумалак чиритип, Бирөөсүнүн айынан жаманатпыз. Жеңил ойлуу ойлошуп кыргыз кызын, Жемелеп өзү айтты кыргыз уулум. Башка улуттун жигитин тандап алып, Бой салып колтукташып баратканын.

Ойлорубуз түз болсун Агымыңда жүрөбүз Москванын, Айлап, жылдап иштеп акы алабыз. Азбы-көппү тааныш, тууган арттырып, Аз убакыт көрүшпөсөк сагынабыз.

Туура эмес жолдо жүрсө ал кызыбыз, Тууганбыз кеңеш берүү парзыбыз. Түйшүгү, дарты бар да ал айласыз, Теңирим түз жол берсин суранабыз. Ойлорубуз түз болсун замандашым, Оозунуп айтайынчы укчу алдын. Оо дүйнөгө узап кетсек кокусунан, Оймоктой жакшы сөзүң ооздо калат. Абакирова Гүлзада, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргондон. 8 (926) 658-77-87

Классташтар Бир мектепте бирге окуган классташтар, Эң кымбаттуу жандай көргөн курбулар. Бирге ойнойлу өмүрдөгү жаштыкты, Эми келбес кайтып ушул жаштыгым. Бир келген ай окуучулук күндөрүм, Токтободуң убакыттын өткөнүн. Сагынамын окуучулук күндөрүм. Кайтып келбейт бул өмүрүм, жаштыгым. Коштошуу күн бүгүн келди мектебим, Кайтып келбейм сагынамын мен сени. Билип берип он бир жыл бир талыкпай, Кеч болсо да ыраазымын силерге. Далай-далай кызык сонун күндөрдү, Өткөргөнбүз бир мектепте өмүрдү. Эстеп кайра ушул күндү партадан, Эми келбейм сенден алыс баратам. Сагынычты жазып бирге курбулар, Окуучулук күндү эстеп кайрадан. Бекишов Мырзаболот, Токтогулдан.


11

№ 03 (21) / 2011

ЫР САПТАРЫ

www.presskg.com

НУР

реклама

Кыргызстаным Ак калпактуу, Ала-Тоолуу Кыргызстаным, Абасы таза суулары дары замандаштарга айтамын. Алакандай жерибизди барктайлы, Алтын-күмүш мекенибизди сатпайлы.

Падышабыз өтө эле акылдуу экен, Туулган жерин көрө албай жүрөт экен. Өз атасын өз энесин кордоп алып, Өзү өскөн жерине келбейт экен. Бизчелик адам каны төгүлөбү, Элибиз эки топко бөлүнөбү. Дүнүйөгө адам жүзү өзгөрүп, Бир туугандар бирин-бири сөгүнөбү. Оо кыргызым текеберлик болбойлучу, Ок жаадырбай жашообузду оңдойлучу. Түндүк түштүк эки тарап бөлүбөй, Түбөлүккө бир туугандай бололучу. Эми кандай падыша болор экен, Адилеттүү атына коноор бекен. Же кыргыздар ынтымакка келгенче, Акыр заман, кыямат болор бекен.

Тилегеним адилеттүү падыша Ким бар экен адилеттүү падыша, Кетишти го жалганы көп падыша. Күүлөнүп катуу катуу сүйлөп алып, Кыйнашты го карыны да жашты да. Падышалык көзгө алтын көрүнөбү, «Позор» болуп башка өлкөгө бөлүнөбү. Адамдын убалына калып кетип, Адашып бөтөн үйгө жөлөнөбү.

Кыргыз үчүн дуба кылып кудайга, Кыргыз үчүн жалкоо болбой кызматка. Жерди сатып, элди атпай алдабай, Болгулачы адилеттүү падыша.

Ордолуу Ошту карасаң, Жашылча жемиш жайнаган. Шыңгыр добуш Ак буура, Шаар ортосунда жайгашкан, Суктанам Сулайман тоосуна Касиеттүү кереметтүү Ыссык-Көл, Көңүл ачып эс алганы барып көр. Дүнүйө эли кызыгып көлүбүзгө, Өткөрбөйлү чет элди төрүбүзгө. Жалал-Абаддай шаарларды биз баалайлык, Алтындан дарбазасы, таң калаарлык. Курманбек баатырдын бул мекени, Арсланбап жаңгагы өзгөчө экени.

Бабам Манас урпактарын эстесем, Талас суусу Казакстан менен чектешкен. Чыңгыз, Чубак, Чолпонбайлар туулушкан, Жети облус борбору Бишкек шаары, Жашоодо бири ырдап, бири жазып кубулушкан. Оң жагында Карабалта, Кемин шаары. Ар дайым бар болгунуң Кыргызстаным, Нарындын дарыясын кимдер билбейт, Сен бар үчүн бир өзүңө сыймыктанам. Тоолорунун чокусу асман тирейт. Дордой атка конушуп спортчулар, Кенжебек, Улактан баш байгени бербейбиз деп. Кара-Кулжадан 8 (925) 196-53-53

Тилек тилеп жатамын жараткандан, Тилегимди кабыл кылчы жараткан. Кыргыздарга адилеттүү падыша бер, Сактагының эки жүздүү адамдан.

Атам менин тоом жана тирегим, Өзүң менен сыймыктанып жүрөмүн. Балаңдын ой-тилеги ишке ашып, Жүзгө чейин сого берсин жүрөгү.

Каныбек уулу Мухамбет, Кара-Кулжадан 8 (926) 350-40-52

Ата сиздин айткандарыңыз эсимде, Келме келтирем, күндө жатары-дегендик. Көптү сактап! Көптүн катары-дегендик, Көп нерсе бар, көп маани бар өзүңдө. Атама арнап, ыр жаратып олтуруп, «Көп» - дегенге токтолгонго таң калба. Көпкө чыксаң, эли-журтуң көп болот, Себеби көп, бул – сөздү айтып жаткандын.

Жаз-Эне Жадырап жазым келди күлүмсүрөп, Жылуулук дем күч берип, алга сүрөп. Эч талыкпа, келечегиң алдыда деп, Күлө карап, жакшы тилек үмүттөнтөт. Жаз келгенде артыкча сезим келет, Кыз-жигитке түбөлүк сүйүү берет. Үй-бүлөлүү кадырман кыргызымдын, Ынтымактуу жашоосу бекемделет.

Сагындым ата өзүңдү

Жароокер да, боорукер да жаз мезгили, Оңолот жүрүм турум кыз сезими. Түйшөлүп, жакшы иштеп алыс жерде, Ишеничти актайын деп ата-энеме.

Аска-Тоомсуң, кубатымсың, белимсиң, Мына быйыл токсон жашка келипсин. Кудайыма ыраазымын атаке, Токсон карды көрсөтүптүр көрүпсүң.

Жаз менен Эне окшош эмне үчүн? Жылдыздуу жылуулукту берет экөө. Ошондуктан унутпайлы кыргыз элим, Жаз-жарыш, Эне-асыл деген сөздү.

Токсон жашты көрө бербейт баары эле, Өзүңүздү жаштай сезем дагы эле. «Парпы абам» - жакшы киши эле дегенде, Атам тирүү жүрөт деймин дагы эле.

Нуржамал Айтбаева, Кара-Суудан, 8 (926) 196-77-50

Көңүл бурбай көлүң алыс дегендей, Көптөн бери келе атасың кебелбей. Мени сага махабаттын желеси, Байлап койгон торго түшкөн эмедей. Аман болуп жашасам да жүз жылы, Эстээр элем сени бирок ар күнү. Толгон айдай жылдыз менен оролгон, Турсам бассам сен гана ойлоном. Сүйүү тагдыр адам менен ойногон, Махабаттын дарыясына бойлогом. Колуңдагы оюунчугуң болдум го, Ыргытсаң бир кемилип койбогон.

Түштүк кызына Сүйдүм сени түштүк кызы татына, Көңүл бурсаң жетээр элем баркыңа. Кулдук уруп ата энеңе бармакмын, Баш ийебиз ата баба салтына.

Өрүк зарлуу кичинекей Баткеним, Москвага келгендер өрүгүнөн ала келсин. Ыйман жолун бек кармашат жердештер, Өркүндөй бер өсө бер мекендештер.

Түшүнбөдүм сени кандай мүнөзүң, Сен да мендей адамды күтөрсүң. Толкуп ташкан махабаттын деңизин, Тар кайыкта калагы жок сүзөсүң. Улан Болотов Түп району, Сары-Дөбө айылы 8 (926) 042-21-28

Токсонго чыккан атамды, Сагынып жазып жатамын. Ырды окуп берсе чебирең, Берерсиң ата батаңды. Аябайм каалоо сөзүмдү, Сагындым ата өзүңдү. Китебим чыгып калса эгер, Бүт кыргыз тааныйт өзүңдү. Алыскы Москва жеринде, Айта берсең кабар көп. Ар жерде аркыл иш кылдым, Азыраак акча табам деп. Маматжан Парпиев (Маки), Майлы-Суудан тел. 8 (905) 734-96-31.

Жанбиргем Жанбиргем жандай көргөн, Жашоомдун балысың сен. Алыстан чарчап келсем, Алмалуу багымсың сен. Билемин сезип жүрөм, Сен дагы сагынганың. Кызганычтан туман тагып, Тагдырга таарынганың. Турмуштун ачуу тузун, Аргасыз таттыкпы биз. Ортодо бала сүйбөй, Арманда калдыкпы биз. Көргүм келет мен өзүңдүн, Кайын ата болгонуңду. Келиндин чайын ичип, Көп жашка толгонуңду.

Жан биргем жандай көргөн, Аз күндө көрүшөрбүз. Турмуштун туз насибин, Кайра тең бөлүшөрбүз. Жамантаева Калия, Баткенден 8 (926) 879-29-88


НУР

реклама

№ 03 (21) / 2011

www.presskg.com

Асема эксклюзивдүү концерт коёт

Айгерим атасы менен Иранда

22-23-апрелде ырчы жана актриса Асема концерт берем деп жүгүрүп жүргөн кези. Асеманын айтымына караганда, концерти башка ырчылардан айырмаланып, өзгөчө болот. Ырчынын жолдошу Акжол да келинчегине жардам берип, колуна кол , бутуна бут болуп жүргөн чактары.

р а д з ы д л Жы нөсү дүй Аалы филармониядан кетти Эсиңиздерде болсо керек, январдын аягында «Эл ырчысы Эстебес» тобу жоюлат экен» деген имиштер тарап, журналисттер Улуттук Филармониянын эшигин кагып, директор Замирбек Үсөнбаевдин шайын оодарган. Атургай Замирбек мырза «Учур» гезитине «жакында «Эл ырчысы Эстебес» тобун таратат экен» деген имиштер коомчулукка тарап кетти. Бул туура эмес. Эки фольклордук топтун башын бириктирип, чачыранды кылбай, чоң программа менен иштешсе кандай болот (?) деген ой жаралган. Ушундан улам, «А.Үсөмбаев атындагы топ калып, Эстекемдин аты өчүп калат» деген туура эмес кептер таралууда. Биз эч качан Эстекемдин атын өчүрбөйбүз. Бул жөнүндө бир жыйынтыкка келе элекпиз. Жеке өзүмдүн

Жеңишбектин Москвага келиши күтүлүүдө Десе, атактуу акын Женишбек мырза Москвага иштегени келет экен дебеңиз. Төкмө акын Жеңишбек ЖУМАКАДЫР (Токтобеков) учурда Москвадагы кыргыз жердештерине концерттик программа даярдоо менен алек. Төкмө акындын концерти Россия шаарларын май айында араламакчы.

варианттарым да бар. Аны да ойлонуп атам» деген маалымат берген. Эми Замирбек Үсөнбаев өзүнүн жеке варианттарын ишке ашырганбы же аталган топту биротоло таркатайын дегенби айтор, кечээ жакында эле «Эл ырчысы Эстебес» тобунун көркөм жетекчиси, төкмө акын Аалы Туткучев Улуттук Филармониядан чыгып кетиптир» деген кабар уктук. Муну кандай түшүнсөк болот?.. «Карга карганын көзүн чукубайт» дечү эле илгери... Ал эми «фольклорду туура түшүнөт» деген Замикеге эмне болгон? Болгондо да намыстуу, таланттуу, тилинен чаң чыкканча ырдаган төкмө акын Аалынын жумуштан кеткени элге жагымдуу кабар эмес. Бул тууралуу төкмө акынга байланышка чыкканыбызда, уюлдук телефону өчүк болуп чыкты.

12

Өзүнүн кылыгы менен кыргыздын эле эмес, башка өлкөнүн жигиттеринин жүрөгүнө чок салып жүргөн Расул кызы Айгерим 28-март күнү атасы менен Иранга учуп кетти. Чыгармачыл үй-бүлөгө Ирандын элчилиги тарабынан атайын чакыруу баракчасы келген эле. Эми бардык мусулман мамлекеттеринен барган таланттуулар мусулман жаңы жылын Иранда белгилеп, Ирандыктарга ыр майрам тартуулап келишмекчи. Айгерим өз кезегинде «Нооруз» майрамга арналган ырын ырдайм деп даярданып жатат.

Жамиля Муратова жагымдуу кече өткөрдү

Белгилүү композитор жана ырчы айым Жамиля Муратова 28-март күнү саат 20:00дө Бишкектеги «Гудзон» түнкү клубунда чыгармачыл кечесин өткөрдү. Кечеге Жамилянын шакирттери, чыгармачыл достору, тааныштары, мыкты санаалаштары катышып, көңүлдүү өттү. Аталган кече «Жалгыз сага жакын келди» деп аталып, кече ар кандай сынактар, шоу-программа менен коштолуп, аягы 80-90-жылдардагы дискотека менен жыйынтыкталды. Кечеге келгендер жакшы эс алып, үйлөрүнө көңүлдүү кайтышты. Дагы бир баса белгилеп кете турган нерсе, кечеде Жамиля Муратова жалаң гана жаңы чыгармаларын тартуулады.

Ильяз Андаш Нью Йоркто ырдады Жаштардын арасынан таланты менен өзгөчөлөнгөн ырчы жигит Ильяз Андаш жакында эле Нью Йорк шаарында болуп кайтты. АКШнын Нью Йорк, Вашингтон, Чикаго шаарларында жашаган кыргыздар дайыма уюшуп алып өздөрүнүн көңүлүн ачканга акчасын аянбайт. Аталган майрамдык салтанатты «Кыргыз клаб» уюму уюштуруп келет. Буга чейин аталган уюм Бактыгүл Бадыева, Гүлнур Сатылганова, Каныкей, Мирбек Атабеков сыяктуу ырчыларды чакырып келишкен. Ильяз Нью Йоркто ырдап гана тим болбостон бир ырына клип тартканга да үлгүрдү. Эми ал клипти жакын арада теледен көрүп каласыздар.

Лутфилла ырчылыктан режиссерлукка өтөт Жаңыдан эл оозуна алынып келе жаткан «патриот» ырчы жигит Лутфилла ырчылык гана эмес, режиссерлук билимди да алып жатканы сүйүнтөт. Жазгы сессия башталып, режиссерлук чеберчилиги боюнча ырчы жигит экзамен бермекчи. Ал экзаменде 3 мүнөттүн ичинде мыкты клип жаратуу тапшырмасы коюлган. Анапия Райымбекованын «Ак Шоокум» деген ырына клип тартам деп камданып турган чагы. Клипти мыкты тартып, «5» деген баа алам деп ишенип жатат.

Автандил катуу эмгектенип жүрөт Автандил аттуу ырчы жигит болсо, жаздын деми менен жанданып, жакшы чыгармалардын үстүнөн талыкпай эмгектенип жүргөн кези. Буту-бутуна тийбеген жигит «Каркырам» деген ырын жаздырып бүтүп, радиолорго берди. Эми Автандилдин угармандары ырчынын дагы бир жаңы чыгармасын уга алышат.

Бетти даярдаган: Айназик Бердалиева


13

ЖАН ДҮЙНӨ

№ 03 (21) / 2011

www.presskg.com

НУР

реклама

Жаздын күнү жан дүйнөгө «Жан» азык Жаз келип, адам баласынын жан дүйнөсүндө өзгөрүү болуп турган кези. Мындай учурда ар ким ар кандай абалда болуп, кээ бири сүйүүнүн даамын таткысы келсе, кээ бири сүйдүргүсү келет. Бул жолку чыгарылышта, жан дүйнөнү азыктандыруучу кээ бир маалыматтардан кабардар кылмакчыбыз. Статистика:

Жакын адамга жагынуунун жолдору - Сезимталдуулук. Сиз жана ал тараптан сүйүү болсо мамилеңиз ошончолук бекем болоору жаңылык деле эмес. Анткени экөөңүздөрдүн ортоңуздарда сүйүүдөн тышкары сезимталдуулук да болушу абзел. Эгер-

де, сиз сүйүктүүңүздүн жан-дүйнөсү канчалык назик экенин түшүнө билсеңиз ага жасаган мамилеңиз ошончолук жумшарат. - Ачык-айрымдуулук. Майдабарат нерселер үчүн урушпоо эң негизги артыкчылык. Бирок ошол майда көрүнүштөр топтолуп отуруп чоң маселеге айланаары анык. Мындай учурда ичиңизге бардык сизге жакпаган көрүнүштөрдү топтоп жүрүүнүн

кажети жок. Кээ бир түгөйлөр туугандарынын, досторунун алдында урушууну адат кылып алышкан. Албетте, мындай көрүнүш эки тарапка тең бирдей жагымсыз маанай тартуулайт. Ыңгайлуу учур, мезгил таап туруп ич көптүңүздү жай, акырын түшүндүрүп айтканга үйрөнүңүз. - Кызыгуу. Сүйүктүүңүз эмнеге кызыгаарын, кандай китеп окуп, кайсы жерде эс алууну каалайт мунун баарын беш колдой билүүгө тийишсиз. Бирде болбосо бирде: «Менин кызыгууларыма кайдыгер карайсың»-деген дооматты сөзсүз ачыкка чыгып, уруштун башталышына алып келет. - Жылуу мамиле. Жолдошуңуздун (жубайыңыздын) жакын туугандарына жылуу мамиле менен сиз сүйүктүүңүздүн урмат-сыйына арзыйсыз. Майрамдарда туулган күндөрдө аларга убактыңызды бөлүп, жаркын маанайда жагымдуу кечени өткөргөнүңүз өзүңүзгө да, өзгөлөргө да пайдалуу. - Жогорудагы көрсөтүлгөн эң жөнөкөй эрежелерди эске алып, аны жашооңузда пайдалана билсеңиз жакшы жыйынтык алып келип, сүйүүңөрдү бекемдейт.

Исландиянын кыздары жыныстык жашоого эрте аралашат Аялзаты аруулугу, тазалагы менен арбап, азгыраары талашсыз. Исландиянын бийкечтери дал ошол тазалыгынан 15 жашында айырмаланышат. Эмне себептен алардын жыныстык жашоого эрте аралашаары ушуга чейин белгисиз. Исландиялыктарга салыштырмалуу немистер бир жыл кечирээк 16 жашында жыныстык жолго барышат. Моралдык жактан туруктуу деп индиялык бийкечтер табылган. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыздык белгилеринен 20 жаштан кийин гана коштошот. Бирок бул болжолдуу гана статистика көрсөтмөсү. Чынында орто эсеп менен дүйнө жүзү боюнча жаштар 12 жаштан кийин эле жыныстык катнашка даяр экендерин билдиришкен. Психологдордун далилине караганда жыныстык жашоону баштоого салты, тарбиясы, маданият деңгээли түрткү болот. Бирок бир топ жыл мурун Африка, Австралия жана

Скандинавиянын көпчүлүк урууларында 9-10 жашында эле турмуш жолуна аттана беришчү. Жаңы колуктусу менен алгачкы түндү күйөөсү эмес атайын «кызматка» коюлган эркектер өткөрүшчү. Анткени алардын түшүнүгү боюнча кыздык белгиси бар кыздын жатыны эң ыплас жана кир болуп саналып, алардын түшүнүгү боюнча жин-шайтандардын «уюгу» дал ушул жатында жайгашкан. Жаңы үйлөнгөн күйөөнү жагымсыз жагдайлардан куткарып , ага шайтандарды жабыштырбаш үчүн бул эң ыплас жумушту атайын уруудан шайланган бир адам аткарат. Бир күндө ал кызматкерге бир нече кыздар менен иштешүүгө туура келет. Ал үчүн бул чоң сыймык, себеби бир кыздын намысын алса бир жолу, эки-үч кызды тазалыгынан айрыса ошончо адамдын багын ачкан болуп эсептелип, бата алат.

- Айымдардын 10% биринчи жолугушуудан кийин эле дароо мырзасын төшөккө жетелешсе, 20 % кумарга күтүүсүз жайларда батат. - Бийкечтердин 36% үйүндө жылаңач боюнча жүрүүнү каалашат. Бирок баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок. 45% кара терилүү, көк көздүү мырзаларга тартылышат. Анткени алардын ою боюнча дал ушундай сапатка ээ болгон жигиттер сексуалдуу көрүнүшөт. - Сулуулардын 76% төшөк кумарына эртең менен батууну каалашат. 90% чытырман токойго кирип алып жыныстык катнашка баргылары келсе, 99% иш үстүндө ишканадагы сексти жек көрүшөт.

Түш жоруу

- Тынч, шылдыр аккан арыктагы суу кирсе-сексуалдык жашооңуз сизди толук канааттандырат. Фантазияга күч келтирип эч нерсени жакшырткыңыз да, өзгөрткүңүз да келбейт. - Толкуп ташыган деңизди түшүңүздө көрсөңүз анда сиздин сексуалдык фантазияңыз дал ошол деңиздей толкуп ташып турат. Түрдүү ыкманы, оюндарды төшөктө колдонгуңуз келет. - Туман менен жаан: тымызын көөдөнүңүздө уялап турган каалооңузду сыртка чыгара албайсыз. Тартынчаактыктын айынан төшөктө каалаганыңызды аткара албай бушайман боло бермей адатыңыз жок эмес. Эгер түшүңүздө күн күркүрөсө сизди төшөк маселесинде бир нерсе чочутуп, тынчтык бербейт. Түшүңүздө заңгыраган имараттын ичинде жүргөн болсоңуз, кайталанма көрүнүштөрдөн качып, жаңы, жакшы нерсеге умтуласыз. - Өз үйүңүздү түшүңүздө да көрсөңүз анда сиз сексуалдык жашооңузга канааттанбайсыз. Бирок ошол эле учурда «жаңы ачылыштарга» да даяр эмессиз. Мындай учурда сизге «тажрыйбасы күчтүү» өнөктөш гана жардам бере алат. - Түшүңүздө учуп жүргөн болсоңуз секс жаатында сизге эч кандай чектөө коюлбайт. Эгерде түшүңүздө чуудан коркуп жаткан болсоңуз анда сиз өз күчүңүзгө, жөндөмүңүзгө көп ишене бербегендердин катарын толуктайсыз.

Интимдик гигиенага колдонуучу куралдар тууралуу - Бойго бүтүрбөөчү атайын дарылар бир-эки айга гана жарактуу. Тесттер болсо болгону эки ай эле «жашайт». - Сперма кошулган кремдер сыртында көрсөтүлгөн шартта сакталса үч жылга чейин бузулбайт. - Презервативдер-муздак жерге койсо беш жылга, ал эми «кайдыгер» мамиле жасалса 3 жылга чейин жарактуу болот. -Тампон менен прокладкаларды ачпай ошол бойдон койсо өмүр бою жарактуу, качан чыкканын, бул гигиеналык буюмдардын канча убакытка чейин колдонууга болоорун карабай деле койсо болот экен.

Папуас уруусундагы нике түнү

Ал эми папаус уруусунда эркек үйлөнгүсү келсе дароо эле үй-жай күткөн, турмушта тажрыйбасы бар досторунун бирине кайрылуусу керек. Досу болсо болгон аракетин жумшап урууда болгон кыздардын баарын чогултат да каалаганын тандап алышат. Андан соң үлпөт тою бүтүп «нике» кыйылгандан кийин колуктуну тандаган досу жумуртканын жардамы менен аны актыгынан ажыратып, өз күйөөсүнө өткөзүп берет. Бул салт кээ бирине жаман көрүнүш катары туюлушу мүмкүн. Бирок, папаус уруусунда бул жумуртка аралашкан салт популярдуу болуп эсептелинет.

Алкымыңдан аймалап…

Сүйүктүү мырзаңыздын көңүлүн азгырууга кыска юбка менен бийик шиш така аздык кылат. Анткени сиздин атырыңыздын жыты ага бардык нерседен көп таасир тийгизет. Жигиттердин 60% сүйүктүүлөрү менен жагымдуу жыты аркылуу таанышса, 89% айымдардын эркектерди азгыра турган куралдарынын бири - атыры экенин билдиришкен. Адистер жогоркудай көрсөткүчкө төмөндөгүдөй түшүндүрмө беришет: бийкечтин жагымдуу жыты эркектин көңүлүн көтөрүп, дүүлүктүрөт. Бирок, кандай болгондо жагымдуу жыт айланага тарайт. Сиздин себинген атырыңыздын жыты жарым метрге гана

жыттаныш керек. Эгерде андан алыска ашса анда сиз аша чапкан болосуз. Өтө кескин жыт адамдын көңүлүн көтөрбөй, тескерисинче ирээнжитиши мүмкүн Эксперттер жүргүзгөн сурак-бурчка катышкан 45 миң эркектин ичинен 55% мурдуна урунган жагымдуу жыт аны дароо дүүлүктүрөөрүн мойнуна алышкан. 58% төшөк кумарында фантазияны өөрчүтүүгө айымынын атыры түрткү болоорун тастыкташкан. Ал эми 69% эч убакта биринчи сүйүктүүсүнүн жыты ушул күнгө чейин мурдуна келе берээрин айтышыптыр. Демек, сүйүктүүңүздүн эсинен кеткис болуп сакталууга ар бир айымдын мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн анын жаткан жаздыгына бир аз өлчөмдө өзүңүз колдонгон жана албетте ага жаккан атырды кез-кез сээп туруңуз. Же болбосо ич кийимдериңизге дал ушундай ыкманы колдонсоңуз болот. Кумар Жан


НУР

реклама

РЕКЛАМАЛАР

www.presskg.com

РАЗНОЕ Газета сатуучуларды ишке алабыз, айлык 17 - 25 миң руб. Тел.: 8 (926) 738-53-54, 8 (906) 713-76-08 Жердештерибизге Компаниябыз тез жана арзанга керектүү документтерди жасап берет. 3 айга учетко коюу, 1 жылга разрешения на работу 100% гарантия. Бесплатная консультация. тел: 8 (926) 657-58-12 Айнура эже. офис м.Сухаревская 1 мин. Газетабызга Верстальшик-дизайнер керек. Тел.: 8 (926) 120-56-65. Экскурcия. Казакстанга машина менен алып барып келебиз паспортуңуздун кирди-чыктысы менен. Тел: 8 (926) 657-58-12

Жумушка чакырабыз, улуту кыргыз РФ гражданиндерин, ремонт, обделка, штукатурщик, малярщик, кафельщик баардык түрү. Байланыш тел.: 8 (926) 721-62-88; 8 (925) 854-13-34 Сыргабай

ПРИГЛАШАЮ НА РАБОТУ

Приглашаю решительных, самоуверенных, настойчивых, целеустремленных людей на высокооплачиваемую работу. Жөндөмдүү, чечкиндүү өзүнө ишенген, бийик максаттарга умтулган улан-кыздарды жогорку өлчөмдөгү киреше табуучу ишке чакырамын. Компания «НУР» Ген.директор: Бапанов Багыт Адрес: г.Москва м.Сухаревская 1мин. пешком Ул.Сретенка 27/29 стр.1 офис 29. Тел: 8(495) 625-39-78, 8(926)120-56-91 e-mail: nurgazeta@mail.ru

Авиа кассага ишке алабыз

Амадеус, Сирена, Габриэль программасын билген кыздарды авиакассага ишке алабыз. М.Сухаревская «Компания Нур» Тел: 8(926) 120-56-91

Квартираң бар болсо Урматтуу жердештер, Москвада квартирасы бар жердештер менен биздин редакция тыгыз байланышта болсок дейбиз. Кыргыздардын арасында кандайдыр бир өтө зарыл жаңылыктар болуп калган учурда квартира ээлерение кабарларды билдирип турабыз. Квартирасы бар жердештер бизге телефон номериңизди билдирип коюңуздарды суранабыз. «Нур» реклама редакциясы г. Москва ул.Сретенка 27/29 стр.1 офис.29 тел/факс: 8 (495) 625-39-78 8 (926) 120-56-91

Приглашаем на работу, есть подработки Граждане РФ и СНГ Тел.: 8 (929) 925-04-24 8 (965) 169-73-92 Постоянная прописка для граждан РФ и врем.регистрация для граждан КР за 1 день. Все строго по закону. Тел.: +7 (906) 554-21-82, строго до 20ч. Продается дом в Тверской обл. для ПМЖ и постоянной регистрации. Документы 100% Тел.: +7 (906) 554-21-82, строго до 20ч.

Кошумча жумуш үйрөтөм, окутам, жардам берем ж/б. 20,0-30,0 т.р. Тел.: 8 (926) 321-77-12

ДОМ Ошто Фурхат айылында 2 катар чек (5+5) 10 сотых жер сатылат. Времянкага фундаменти бар. Келишим баада. Тел.: 8 (926) 661-99-19 Кенжебек Ош шаарында жер участогу сатылат, 5 сотых. Келишим баада. Тел.: 8 (925) 071-84-38, +7 (996) 777-15-50-10 Үй сатылат, Владимирский областан Москвадан 3 саат аралыкта. Тел.: 8 (926) 867-39-77

АВТО

СДАЕТСЯ Бир бөлмөлүү квартира берилет: день, ночь, сутка, чась от метро 5 мин. тел.: 8 (926) 029-83-10 8 (964) 534-62-24

Квартиранттарды алабыз. М.Измайловское 5 мин.пешком Тел.: 8 (985) 454-74-26 Комната берилет Бир үй-бүлөгө комната берилет, 15000 руб. Тел: 8 (926) 313-91-65

2 комната берилет баасы 20000-25000 м. Савёловская ул.Бутырский, д. 21 кв. 205 8 (905) 745-44-51 Талгат 8 (926) 786-87-60 Жылдызбек

ТААНЫШУУ 40-45 жашка чейинки өзүнө тың, ичкилик ичпеген, иштеген жумушу бар, турмушка серьезный караган жигиттер менен таанышамын. Тел: 8 (926) 892-26-72 30-35 жаштагы зериккен кыздар болсо таанышамын 8 (926)394-56-73 Кудай берген жарыктыкты ширин сый менен барктаган жан болсо 40-45 жашка чейинки жигиттер менен таанышамын. 8 (926) 304-01-67 35-45 жаштагы порядочный жигиттер менен таанышамын. 8 (909) 681-64-75 Кыздар менен таанышамын. Звонит после 19.00. 8 (926)843-32-72

Литвадан келген машиналарга документация жазайбыз 8 (926) 395-78-05

Реклама берүү үчүн Телефон: 8 (926) 738-53-54

БОЗО ИЧКИЛЕ Кыргыз улуттук суусундугу болгон накта таруудан жасалган бозо сатылат. Дүң баада заказ кабыл алабыз (тойлорго, мааракелерге, туулган күндөргө). Биздин бозону ичкен да арманда, ичпеген да арманда. Тел: 8 (964) 704-79-26 8 (965) 390-12-86 Болот

НУР

ТРУДОУСТРОЙСТВО ПРОДАЖА АВИАБИЛЕТЫ БИШКЕК-ОШ ОКАЗАНИЕ ВСЕХ ВИДОВ ЮРИДИЧЕСКИХ УСЛУГ ПРИНИМАЕМ РЕКЛАМУ В ГАЗЕТУ “НУР РЕКЛАМА” СОДЕЙСТВИЕ В ПОСТАНОВКЕ НА МИГРАЦИОННЫЙ УЧЕТ СОДЕЙСТВИЕ В ПРОДЛЕНИИ МИГРАЦИОННОГО УЧЕТА СОДЕЙСТВИЕ В ПОЛУЧЕНИИ РАЗРЕШЕНИЯ НА РАБОТУ

ООО “Компания “НУР” Адрес: г. Москва, ул.Сретенка 27/29, стр.1, 2-этаж, офис 29 от метро Сухаревская, пешком 1 мин. Тел.: 8 (499) 409-91-33; 8 (926) 657-58-12; 8 (926) 804-47-53

№ 03 (21) / 2011

14

АСТРОТӨЛГӨ Апрель айына

Кой (21.03 - 20.04) Кой жылдызы астында төрөлгөндөр апрель айынын ичинде баштаган ишиңердин аягына чыгууга мүмкүнчүлүк болот. Өзүңөрдү бошоңдотуп койбогула. Каражат маселесин чечүүчү убакыт келди. Андыктан бул жагына көбүрөөк басым жасагыла. Айдын ортосунда көп жерден сунуштар түшүп, кайсынысын ишке ашырууну билбей, башыңар ооруйт. Кабыргаңар менен кеңешип, иш кылсаңар ийгилик силердики болот. Букачар (21.04 - 20.05) Жашоо шарттын кырдаалы кескин өзгөрүлүп, маанайыңыз чөгүп кетиши ыктымал. Бирок, ал көпкө созулбайт. Чыгармачыл эргүү менен бирге дем күч бере турган жакшы пландар ишке аша баштайт. Апрель айы букачарлардын жан дүйнөсүнө жаңы сүйүү тартуулайт. Айдын ортосунда жакшы адамга жоолугасыз. Мамилеңизди үзбөсөңүз, жылдын аягында баш кошуп, бактылуу жашайсыз. Эгиздер (21.05 - 21.06) Айдын башталышы менен дүкөн кыдырып, өзүңүзгө жаккан кийим-кечек сатып алсаңыз болот. Мындан сырткары жагымдуу адамдар менен таанышасыз. Ал кишилердин пайдасын жакынкы арада көрө аласыз. Жакшылап эс алып алууну унутпаңыз.Анткени, айдын ортосунда жумушуңуз күчөп, тамак ичкенге убакыт жок болот. Айдын аягында сизди күтүлбөгөн белек күтөт. Бөйөн (22.06 - 22.07) Алдыга койгон максаттарыңыздын орчундуулары иш жүзүнө аша баштайт. Бул учурда сиздин ишмердүүлүгүңүздү колдогон адамдар четтен табылышы мүмкүн. Алардын арасында сиздин жакын адамдарыңыз жана досторуңуз болушу ыктымал. Адамдарга ак ниеттен жакшылык кылганыңыздан жазбасаңыз, баштаган ишиңиздин аягы жакшылык менен бүтөт. Арстан (23.07 - 23.08) Күтүлбөгөн иш пландар чыгып калышы мүмкүн. Апрелдин биринчи жумасында иш кагаздарыңызды ирээтке келтирип алганыңыз оң. Кээ бир келишимдерге кол койбой турганыңыз эп. Экинчи жуманын аягында шаардан алысыраак жерге барып, дем алып келсеңиз болот. Бизнес жаатында эмгектенсеңиз, ишиңиз илгерилеп, итиңиз чөп жей турган мезгил келди. Башты өйдө көтөрүп, ишке кирише берсеңиз болот. Бийкеч (24.08 - 23.09) Апрель айынын алгачкы жумасында сизди көп адамдар сызга отургузууга аракеттенишет. Акылыңыз менен калчап иш кылсаңыз, алдамчылардын тузагынан оңой эле кутулууга болот. Кесиптик кызматыңызга тыкан болуңуз. Чет тараптан ишиңизге кызыккандар көз артышат. Сүйүктүү адамыңыздын көңүлүн оорутуп албаганга аракет кылып, жагымдуу белек-бечкектер менен маанайын көтөрүп коюу кажет. Тараза (24.09 - 23.10) Айдын башталышы менен кимдир бирөө сиз менен чатакташкысы келет. Сиз ага жол бербеңиз. Мойнуңуздагы карыздардан кутулуп койсоңуз жаман болбойт. Ошону менен бирге сүйүктүү адамыңызды театрга чакырып, маданият чордонуна баш багып койгула. Бир туугандар арасында кичине келишпестиктер да болуп кетиши күтүлүүдө. Ошондуктан, сүйлөп жатканда ар бир сөзүңүзгө маани берип жүрүңүз. Чаян (24.10 - 21.11) Айдын башталышында ишиңизде тоскоолдуктар көп болушу ыктымал. Ошого карабастан, тырышып өзүңүздүн билгениңизди башкаларга үйрөтө бериңиз. Маанилүү адам менен таанышасыз. Ал адамдын келечекте абдан пайдасы тиет. Күтүүсүз окуяга туш болуп, анын жемишин жакынкы арада көрүп калышыңыз ыктымал. Капчыгыңызга сак болуңуз. Жаачы (22.11- 21.12) Апрель айынын башталышы жаачыларга позитивдүү маанай тартуулоо менен бирге, иш жагынан да жакшы болот. Чогуу иштешкендер менен тил табыша билүү, ишиңиздин илгерилешине өбөлгө болот. Туруктуу позицияңызды карманыңыз. Кимдир бирөө атайылап текшерип көрүшү ыктымал. Сиздин адамгерчилигиңизди жолдош-жоролор жогору баалап, сый урматка татыйсыз. Карманалбай калган учурда өзүңүздү жооткото билиңиз. Айдын аягында материалдык жактан бир топ көтөрүлөсүз. Текечер (22.12 - 20.01) Айдын башында кыйынчылыктар болот. Токтоолук менен иш алып барсаңыз, бардыгын бат эле жайгарып коё аласыз. Командировкага шашылыш түрдө чыкпай турганыңыз эп. Эгер сиз сыйлаган адам сиздин жардамга муктаж болсо, колуңуздан келген жардамды берип коюңуз. Анын пайдасы жакынкы күндө эки эселеп кайрылып келет. Суупери (21.01 - 19.02) Сууперилерди апрель айында жакшы жаңылыктар курчайт. Жеке жашооңузда жакшы өзгөрүүлөр пайда болот. Кыял-жоругуңуз кээ бирөөлөрдүн кыжырын кайнатышы мүмкүн. Сиз андайларга татыктуу жооп берип, өз ордуна коюп коюуңуз керек. Айдын экинчи жумасында өзүңүзгө бекем болуңуз. Жаныңыздагылар жалган ушактарды таратып коюшу мүмкүн. Балык (20.02 - 20.03) Апрель айынын башталышы балыктар үчүн ийгиликтерге бай болот. Ошондуктан, өзүңүз кыялданып жүргөн нерселердин баары орундалат деп ишене берсеңиз болот. Айдын экинчи жумасында сизди курчап жүргөн кээ бир адамдардын мамилеси өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, ал адамдардын көпчүлүгү сиздин жакшы сапаттарыңызга көз арткандар. Андан кабатыр болбой эле койгон оң.


15

РЕКЛАМАЛАР

№ 03 (21) / 2011

www.presskg.com

НУР

реклама

Туулган күнүңөр кут болсун! «Нур реклама» гезитинин алдында уюушулган «Москва кайрыктары» аттуу поэзия клубунун жетекчиси Айжан Мамасадыкованы жана аталган клубдун мүчөлөрү Нуржамал Айтбаева менен Дариха Бусурманкулованы март айындагы туулган күндөрү менен кызуу куттуктайбыз. Аларга кааларыбыз: бакыт берсин, ырыс берсин, улгайбас узун өмүр берсин, ар убакта бактылуудан болуш үчүн, кудайым энчиңерге ден соолуктан басып берсин! «Нур» пресс.

Гезит менен келгендерге 1 саат интернет бекер

Газета сатуучуларды ишке алабыз

СРОЧНО ЗДАЁТСЯ. м. Проспект-Мира ул.Гиляровского д. 33, 3-х ком. за 50 000 р. м. Савеловская ул. Бутырская д. 9, 2-х ком. за 40 000 р. м. Бабушкинская ул. Менжинского д. 18, 3-х ком. 45 000 р. м. Красносельская ул. Русаковская д. 6, 3-х ком. 46 000 р. м. Беляево ул. Миклухо-Маклая 3-х 45 000 р.

Айлык 17 - 25 миң руб. г. Москва, ул. Сретенка 27/29 стр.1, 2-этаж офис 29 М. Сухаревская, 1 мин. жөө Тел.: 8 (926) 738-53-54, 8 (926) 120-56-91

Сизге керектүү телефон номерлер Мегафондон болсо: 010 — Пожарная охрана 020 — Милиция 030 — Скорая помощь 040 — Служба газа Билайндан болсо: 001 — Пожарная охрана 002 — Милиция 003 — Скорая помощь 004 — Служба газа

Эки залы бар: 1-зал – 120 орун, 2-зал – 40 орун.

МТСтен болсо: 010 — Пожарная охрана 020 — Милиция 030 — Скорая помощь 040 — Служба газа

Той, банкет, туулган күн, юбилей. Живая музыка, танец живота, караоке

Скай-Линктен болсо: 901 — Пожарная охрана 902 — Милиция 903 — Скорая помощь 904 — Служба газа

Багытбек БАПАНОВ Тел/Факс: 8 (495) 625-39-78 Моб.: 8 (926) 738-53-54

Члены редколлегии: Турдайым КОЖОМБЕРДИЕВА Айжан МАМАСАДЫКОВА Акылбек МАМАДАЛИЕВ (КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү) Турсун ЖУСУПБЕКОВА

Заказ №: Тираж: 5 000 Цена договорная

М Церковь

ул.Садовая-Спасская

Ресторан “Шербет”

Президент газеты:

Дизайн и верстка: Самат СУЛАЙМАНОВ

Газета отпечатано в ООО «ВМГ-Принт». Адрес: 127247, г. Москва, Дмитровское шоссе, 100,

50 метр

Сайт: www.presskg.com E-mail: nurgazeta@mail.ru nurreklama@mail.ru

Зарегистрировано в Управлении Федеральной Службы по надзору в сфере связи, информационных-технологий и массовых коммуникаций по Москве и Московской области Рег. ПИ №: ТУ 50-449 от 10.11.2009 г. Редакция не несет ответственности за содержание рекламных объявлений и сообщений информационных агентств. Мнения авторов могут не совпадать с мнением редакции. Газета выходит на русском и киргизком языках

“НУР реклама” редакциясы

НУР

реклама

Главный редактор: Айнура КАИПКУЛОВА

ул.Сретенка

Үй телефонунан: 01 - пожарная охрана 02 - милиция 03 - скорая помощь 04 - служба газа

ИШТӨӨ УБАКТЫСЫ: 12-00 - 24-00 Телефондор: 8 (926)144-08-49, 8 (964) 708-08-37, 8 (926) 876-35-82 БИЗДИН ДАРЕГИБИЗ: Москва, ул. Складочная д. 6 м. Савеловская, 10 мин. пешком или 2 мин езды от третьего транспортного кольца.

Адрес редакции: 127051, М.Сухаревская г. Москва, ул. Сретенка 27/29, стр. 1


НУР

реклама

РЕКЛАМАЛАР

www.presskg.com

№ 03 (21) / 2011

16

Жылмайып коюңуз Күйөөсү мас болуп, түнкү саат үчтө келет. Жини келген аялы аны скововрдка менен уруп, сүйлөнүп жатты: - Мына сага түнкү саат бир, мына сага эки, мына сага үч. - Жакшы дагы түнкү саат он экиде келбегеним, - деп сүйүнүп коёт дейт күйөөсү. *** Хан бүтүн эркектерди чогултуп, - Аялынан корккондор бул дөбөгө, коркпогондор тиги дөбөгө чыккыла, - дептир. Белгилүү убакыттан кийин бардык эркектер биринчи дөбөгө, бир гана эркек экинчи дөбөгө чыгыптыр. Хан ошол кишини чакырып: - Сен эмнеге тиги дөбөгө чыктың, чындап эле аялыңдан коркпойсуңбу?- деп сураса, - Жок, мени аялым ушул дөбөгө чык деди эле,- дептир.

ЭҢ АРЗАН БИЛЕТ БААСЫ АВИА Ж. Д. БИЛЕТЫ Медицинский Центр

АВИАКОМПАНИИ:

Лиц.№ ЛО-77-01-002572

“КЫРГЫЗСТАН”, “ИСТОК-АВИЯ” “ЭЙР-МАНАС”, “АТЛАНТ-СОЮЗ”, “ВИМ АВИА”, “S7”, “АЭРОФЛОТ”

ООО “Светал-Медикал” Все виды стоматологических услуг 8 (926) 397-79-21 Алиев Момунжан Анаркулович 8 (925) 057-68-37 Марат Болотканович 8 (926) 044-80-33 Арзымат Момунжанович 8 (926) 983-92-53 Насирдин Кимсанович ● Акушерство-гинекологоия ● Урология ● Эндрокринология ● Терапия ● УЗИ диагностика ● Кардиология ● Мед.сестра ● Все виды анализов

Телефоны предварительной записи: Сагын Төрөбекович 8 (926) 397-95-70, Эркин Амиракулович 8 (926) 414-91-49, Гульнара Кубанычбековна 8 (926) 761-42-42, Саатбу Шоконовна 8 (926) 580-48-81.

М. Проспект Мира ул. Олимпийский проспект д. 16, кор. 1 со стороны ул.Щепкина - 47. офис тел.: 688-70-05

Необходимо проконсультироваться со специалистом

АВИАКАССА

Эң арзан билет бизде

МОСКВА -БИШКЕК, МОСКВА -ОШ, -ТАШКЕНТ, БУХАРА,-ФЕРГАНА, -САМАРКАНД, - ДУШАНБЕ, - КУЛЯБ т.: 649-67-67 т./ф.: 8 (495) 959-59-50 м. “Добрынинская” ул. Большая Ордынка, 60/2 угол церкви, тел: 8 (963) 654-90-09 м. “Полянка” маг. “ПЕРЕКРЕСТОК”, 2 этаж ул. Большая Полянка, 28, тел.: 8 (926) 235-38-83 м. “Строгино” Неманский проезд 4, 2 этаж тел.: 8 (926) 914-666-0 м. “Авиамоторная” Юрьевский переулок 16А тел.: 8 (915) 003-53-52 Время работы: Пн-Пт-с 9.00-19.00, сб. -10.00 - 15.00, вс -10.00-15.00

Апрель айынын баасы Ош - 6075 руб. Бишкек - 7695 руб.

ПОЛИГРАФИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТӨБҮЗ Фото монтаж Пригласительный

Визитка Листовка Календарь Фото печать

8 (926) 927-52-11, 8 (926) 738-53-54 Адрес: г. Москва, ул.Сретенка 27/29, стр.1, 2-этаж, офис 29 от метро Сухаревская, пешком 1 мин.

КУЛАКТАНДЫРУУ м.Сухаревская 1.мин. жөө г.Москва ул.Сретенка 27/29 стр.1 офис 29. Тел./Факс: 8 (495) 625-39-78, 8 (926) 738-53-54, 8 (926) 313-91-65

«Нур реклама» газетабызга кызыктуу, курч макала жазгандарды издеп жатабыз.

Тел: 8 (926) 120-56-91, 8 (926) 313-91-65

*** Студент кызы менен апасы: - Апа мага акча салып жибересизби? - Канча керек кызым? - 1000 сом беребериңизчи - Мейли кызым жакшы окугун. Арадан бир жума өтпөй. - Апа дагы акча жөнөтүңүзчү. - Оо кызым акчаларды эмнеге иштетип жатасың? - Апа бере бериңиз, кийин күйө балаңыз болуп калса кайтарып аласыз - дептир. *** Жашы отуздан ашып калган жигитке. - Досум үй-бүлөң барбы? - Жок. - Эмнеге. - Мен идеялный кызга жолукмайын үйлөнбөйм деп өзүмө сөз бергем. - Аа ушу жашка келгиче бирөөнө дагы жолуккан жоксуңбу? - Жок жолуктум. - Ии эмне болду? - Просто ал дагы идеялный жигит издеп жүрүптүр. *** Эки чычкан мышыка чуркап келип: «мышык, мышык, сен көптү билесиң сен айтчы, эмнеге биздин буттарыбыз кычышып атат?» - деп чурулдашат. - «анда көп чуркайсыңар» дейт экен. Эртеси келип, «биздин колубуз кычышып атат» десе «акча аласыңар дейт экен. Эки күндөн кийин чуркап келип: «биздин мурдубуз кычышып атат», дешсе «мурдуңардан бир берет» деп жооп берет экен. Кайра чуркап келишсе: «тажаттыңар чычкандар, кашынып эле, барып мончого түшүп келгилечи» деп жооп бериптир. *** Отурушта бала бир кыз менен таанышып айтат дейт «Келиңиз чоң кыз керемет жөнүндө сүйлөшөбүз?!» кызсүйлөшөлү! деп макул болот. - бала: - Сиздин гемороюңуз барбы? десе - кыз: -Жок! - бала: - Мына керемет эмеспи!


NUR Moskva