Page 1

Чет жердеги кыргыздарга

Азгырылба шайтанга

11-бетте

10-бетте

НУР

Москвадагы коомдук, маалымат - жарнамалык гезити Общественно - информационная и рекламная газета

2010-жылдын эң мыкты коомдук уюму «Кыргыз 4-бетте биримдиги»

№ 02 (20) 06 март, 2011

р екл ама www.presskg.com

Сени берген жаратуучу Кудай тек, Сен айткандай жалбарамын Кудай деп. Сен бактылуу туура жолду көргөздүң, Сен Касиет, сен Улуусуң Мухаммед!

Ааламдын эң маанилүү инсаны Азирети Мухаммед Ааламдын эң маанилүү адамы Азирети Мухаммед (саллаллааху алайхи васаллам) болуп саналат.

7-бетте

Түштүктүн эли дагы дүрбөлөңдө Дагы бир балее болот го деген сөздөр да жок эмес. Азырынча кудайга шүгүр укук коргоочу органдар тартипти темирдей кармап турган чак.

«Мен Кыргызстан атуулумун» 6-бетте

2-бетте

Биз билгенден биле элек нерселер… 12-бетте

«Нур» компаниясы 8- Март Эл аралык аялдар күнү жана жаз майрамдарыңыздар менен куттуктайт!


НУР

реклама

КАБАРЛАР

www.presskg.com

№ 02 (20) / 2011

Россияда – полиция 1-марттан баштап Россия Федерациясынын полиция жөнүндө мыйзамы күчүнө кирди. Эми мурдагы милиция кызматкерлери өздөрүн полиция деп тааныштыра баштамакчы. Аталган мыйзамдын проектиси президент Дмитрий Медведев Интернетке сунуш кылган биринчи документ болуп, россиялык ар бир атуул бул мыйзам боюнча өз пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн эле. «Деловой Петербург» сайты мыйзам күчүнө киргенден эмне өзгөрөр экен деп катуу байкоо салууда.

Араб өлкөлөрүндө төңкөрүш Тунистик көчө соодагери Мохаммед Буазизинин турмуштун оор шарттарына чыдабай өзүн-өзү өрттөп жибериши бүтүндөй араб өлкөлөрүн көтөрүлүшкө чакырды. Ал эми негизги себеп деп араб өлкөлөрүндөгү жумушсуздуктун күчөшү, баалардын жогорулашы, элдин жакырчылыгы болгон. Учурда Египет жана Тунис өлкөлөрүндө бийлик элдин колуна өтүп, ал эми Ливияда карапайым калктын бийликке болгон нааразачылыктары күч алып бийлик менен элдин ортосунда тирешүүлөр жүрүүдө.

Өзгөндө тойлорго ашыкча чыгымдарга тыюу салынды Өзгөн райондук акимчилиги той-аштардагы ашыкча чыгымдарга тыюу салды. Акимчиликтин чечимине ылайык, мындан ары той ээлери 200гө чейин гана кишини чакыра алат жана жаңы баш кошкон жубайларды тойдо үчтөн ашпаган гана унаа коштоп жүрүшү керек. Акимчиликтин буйругуна баш ийбегендер 25 миң сомдон 50 миң сомго чейинки айып пулга жыгылат. Ош облусундагы Өзгөн райондук жетекчилиги той-аштардагы ашыкча чыгымдарды тыюу чечимин элдин кызыкчылыгы менен байланыштырууда.

ЖКда эмне кеп? Жаңы парламенттин ишке киргенине бир айдай ашты. Учурда депутат акендер адеп иш күн тартибин бир бирине кыр көрсөтүүдөн башташты. Айтпайын деген сөз эле чыгып кетти өзү эле дегендей айрым депутаттар ич күптүүлөрүн айтып- айтып эле алышты. Акыры эки акыйкатчынын урушу башталды. Учурдагы акыйкатчы Турсунбай Акунга мурдагы экс- акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу партиялаштарын агыта баштады.Аягы эмне менен бүтөт аны убакыт көргөзөр. Ал эми депутаттардын мыйзам чыгаруунун ордуна кайым айтышуулары карапайым элдин кыжырын келтирүүдө. Элдин айтуусуна караганда буларың минтип олтурса элди жыргатпайт деген кеп арбын.

Таң бердим Айрым чиновниктердин бети кызарабы деп кетем. Анткени өткөн бийликте алардын сөзүн сүйлөп, бүгүн теңирден тескери сүйлөп жатышканы жөнөкөй элдин оозун Ошту каратып эле жатат. Бүгүнкү күндө ЖКте 2011-жылдын бюджети каралууда. Бюджет буга чейин бектилип калыш керек болчу. Болуптур шылтоо коалиция түзө албай жатышты дейли. Бирок көпчүлүк учурду депутаттар бир бири менен кайым айтышууга өтүүдөн кармалганы жалпы элге маалым. Мунун өзү эле арызкы парламентке келген депутаттардын болгон деңгээли жана ортолорундагы ынтымактын жоктугу десек болот. Туура баардыган көлөкө түшүргөндөн алысмын. Араларыңда эл оозуна алынып, «баракелдее мундан бир нерсе чыгат экен» экен деген жаңы каармандар толтура эле. Бирок баягы эски тааныш чиновниктердин, анда чыгып сүйлөгөн Акылбек Жапаровдун цифраларды семичкедей чагып жатканын көрүп баа бересиң. Бирок ошол маселелерди өз кезегинде эл алдына айтып, бийлик акен туура эмес айтып жатканда жок андай эмес так кесе айта албады. Бирок эл арасында кокуй бул дагы ХИПИК программасына киребиз, же койлорго паспорт бериш керек дебесе экен деп чочулоодо. 2011- жылдын бюджетинен 1 миллиард сомдон ашык каражат туурасында айтканда көпчүлүк эл түшүнүп түшүнбөй калды.

Кайран эргулдар кыйын экен Өткөн бийлик доорунда пайдаланган электр энергиясынын акысы кымбаттап, элди бир көтөрдү эле, эми өлүк мышык кайда жатканы жөнөкөй элдерге белгилүү эле болуп калды. Көрсө электр тармак ишканалары коммерциялык жоготуу деп, айрым участок-

02

Жаз майрамыңыздар кут болсун! Россия жергесинде убактылуу жашап жана эмгектенип жаткан бардык келин-кыздарыбызды жаздын жыпар жыты коштогон! 8-март –Аялдардын Эл аралык майрамы менен кызуу куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, бейпил жашоо, бакыт-таалай, майрамдык маанай каалоо менен бирге дайыма ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштой беришине тилектешпиз! «Нур» компаниясы

торго чегерип, миллиондогон сомдор кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп келген экен. Көрсө дал ошол чегерилген участокторго барганда ал жерде элдер жашабай, бош жаткан участоктор болуп чыккан. Тобоо деги адамдардан акыл качып кутулбайт ээ...

Жаз жарышы кандай? Мурда элибизде жаздын бир күнү дыйкандын жүз күнүнө тете деп айтаар эле. Кийинки күндөрү Кыргызстан саясатташып кеткенденби жаз келери менен ар кандай кыймылдар ММКна байма бай проблемаларын көтөрүп чыгуу өнөкөтү жаңылык деле болбой калды. Жаз келгени эле дагы эмне болуп кетет деген эле эл. Туура айылдарда дыйкандарды күйүүчү май, жерин кантип айдайм деген баш оорутма болсо, борбор калаада саясатчылар бөйрөктөн шыйрак чыгарып, элди ар кайсы маселеге алаксытып жатканы турган иш. Ал гана эмес ич ара бирин бири маскарлоого да даяр. Анда сөз башынан болсун.

Баалар карк этсе да чиновниктер былк этпейт Баардык балеенин баары күйүүчү майлардын кымбатташынан дешет чиновниктер. Күйүүчү май арзандатып бааларды түшүрөбүз деген Өкмөт сөзү кургак бойдон калды. Бүгүнкү күндө буудайдын киллограмы 16 сомду түздү дешет. Дүкөндөрдө мурдагы сегиз сомдук лепешканын баасы ондон ашты. Анысы аз келгенсип салмагы азайып, кичирейип калды. Ал эми кумшекердин баасы 70 сомду чапчыганы көпчүлүк үй бүлөөлөр карандай чайда калышты. Кыскасы баа көтөрүлгөндөн улам көтөрүлүп, элдин шайын оодарууда.

Биринчи байлык ак калпак Биринчи түптөлгөн Жаштар министрлиги биринчи жолу «Ак калпак» күнүн уюштурду. Бишкек шаарынын чоң көчөлөрүндө ак калпак кийген жаштар, желегибизди желбиретип элди ынтымакка, биримдикке үндөдү. Мындай саамалык чындыгында элдин мекенчилдикке болгон демин көтөрөт – дейт элибиз.

Түштүктүн эли дагы дүрбөлөңдө Ноокат районундагы салык инспекциясынын бөлүм башчысынын өлүмү кимдир бирөөлөр үчүн шарттуу маселеге айлангадай эле болду. Анткени анын туугандарын жакындарын кимдир бирөөлөр тукургандай кеп айыңдар тарап кетти. Дагы бир балее болот го деген сөздөр да жок эмес. Азырынча кудайга шүгүр укук коргоочу органдар тартипти темирдей кармап турган чак.

Селсаяктар Экинчиден Бишкекте селсаяктар көбөйдү. Өкүнүчтүүсү алардын дээрлик көпчүлүгү кыргыз жаштары. Жылуулук өтүүчү трассаларда, бош калган үйлөр, участоктордо баш калкалап, таштандыларды аңтарып эле жүргөн көрүнүш. Бул кичинекей республика үчүн өтө олутту социалдык маселе. Ушулардын арманын, маселесин ойлогон Өкмөт да жок. Минтип олтурсак Салижан агайым айтмакчы «кайран кыргыз кырылып калабызбы» деп кейигени учурдун маселесин алдын ала айткандай эле көрүнүш. Кубанычбек Чынгышбаев Кыргызстан боюнча өз кабарчы. Бишкек.


03

№ 02 (20) / 2011

www.presskg.com

реклама

Кыргызстанда революция күнү барбы?

Бишкекте эмне көп? Чындыгында Бишкекте транспорттон көп нерсе жок. Эрте кеч көчөлөрдө тыгылышкан транспорт. Мынча транспорттун көптүгүн көрүп, элибиз жакшы эле жашап жатат деп кетесиң. Бирок антейин десең үйүңдө үрүп чыгар ити жоктор деле машине минишкен. Мындай транспорттун көптүгүн Бишкек шаардык жол курулушу мурда гана эсептелген боюнча куруп, эми айласын таппай турган чак. Жолдорду кеңейтели десе ага мүмкүнчүлүк жок. Дагы бир эки жылдан кийин абал кандай болот деп мэриянын башы катып турган чак.

НУР

Дал ушул маселе учурда республикада кызуу талкууга алынууда. 24- Март Элдик революция күнү деп бекитилсе, бүгүнкү күндө аны жокко чыгаруу маселеси кабыргага коюлууда. Анын ордуна 7- апрель болсун дегендер четтен чыгат. Бирок айрым эксперттердин айтуусунда 24- Март революция күнү боюнча калып, 7- апрель кара күн деп бекитилсин дешет. Анткени 80ден ашык баланын өлүмү жалпы элдин кайгысы дегендер да жок эмес. Кубанычбек Чынгышбаев Кыргызстан боюнча өз кабарчы. Бишкек.

Кызым чоңойду дегичем, кымсындым элден десемчи, Уулум чоңойду дегичем, уялдым элден десемчи. «Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» дегендей акыркы тапта Москвада гана эмес, Кыргызстандын борборунда, чоң шаарларында, ал эле эмес айрым мусулман мамлекетттеринин зынакорлук күч алып дүйнөлүк чоң глобалдуу маселеге айлангандыгы кашкайган чындык. Өзгөнү коюп өзүбүздү айталы, «кимди- ким көрдү, баркымбайды там басты» болуп Москвада иштеп акча таап өзүнө-өзү бек болуп калган кээ бир кыздарыбыздын кылыгынан бетиң кызарып жигиттердин алдында жүзүң жер карачу болду. Бетке айткандын заары жок дейт, ар жагын айтпай бер жагын айтайын Москванын кан жолу болуп саналган метродо эне сүтү оозунан кете элек кээ бир жаш кыздарыбыз азербайжан, өзбек, тажик жана башка улуттун жигиттери менен кучакташып асылып тургандарын көрүп күйбөгөн жериң күл болот. Медалдын эки бети бар сыңары күнөөнү жалаң эле кыздарга койчу болсоң айрым жигиттердин айыбы башынан ашып түшөт. Жумшак айтканда «бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт» болуп тапкандарын талаага чачып күн өткөнү канимет болуп жүргөндөрү да жок эмес. Он беш, жыйырмадан ашык жашаган квартиралардын көпчүлүгүндө никесиз, убактылуу жашаган

Тепселген намыс, кеткен уят кыргызстандыктар четтен табылат. Кыздар никесиз төрөп көрүнгөн жерге таштаса, төрөткөн эркектаналар жылт коюп куйругун түйгөн боюнча ың-жыңсыз, дарексиз кетип атышат. Эми никесиз төрөлгөн балдардын убалы кимге да тагдыры кандай? Буга ким жооп берет? Эмне ай дээр ажо, кой дээр кожо калбаганбы?

Же Динден чыгып баратабызбы? Акыл менен кудай тааныптыр дейт. Чындыгында, ыйманыбыздын жоктугунан бир эмес эки президентибизди кууп чыктык. Бул үчүн өзүбүздү өзүбүбүз шер ойлодук, баатыр элбиз дедик. Айтор актандык. А ырасында ошо ыймандын жоктугунан, кээ бир эркектердин намыссыздыгынан Кыргызстанда он беш жыл аралыгынан бери пикет митингдин аягы тыйылбай, төбөсү көрүнгөн төбөлдөрүбүз аялдарды айкыртып айдак-

тап өздөрү далдоодо туруп, иш бүткөндө көкүрөктөрүн койгулап чыга келгендери ыйманга жатабы? Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис салам бир хадисинде; - Ыймандуулук адепахлактын башаты жана диндин уюткусу. Ыйман, дин бар жерде береке пайыз болотдеген Эми карап көрүңүз, бизде кайсы ыйман калды. Ошо ыймандын, береке пайыздын жоктугунан ушинтип бөтөн эл, бөтөн жерде тикендин үстүндө жүргөнсүп, бутубуздун учу менен басып, никесиз төрөлгөн балдарды көрүнгөн жерге таштап жүрсөк керек.

Буга ким күнөөлүү? Албетте, ата-энелер деген жоопко кептелебиз. Себеби уядан эмнени көрсөн, ошону аласың деген. Дагы бир хадисте айтылат; Бир мойсопут адам келе жатса астынан он экиге чыгып чыга элек бала мечитке шашып

кирип бара жатат дейт. Анда ал адам: -Э балам сен кайда шашып - десе Бала:- Намазга - дейт шашкан калыбынан жазбай, жаш эле туруп намазга шашканың кандай – дейт. -Э, аксакал менин жашым он экиге толду. Мен намаздан он эки жыл кечиктим. Ким билет эртең не болоорумду. Кокус, көзүм өтүп кетсе намаз окуп, сажда кылбай өтүп кетемби деп корком – деди. Мына окурман адеп ахлак. Эми буга салыштырмалуу бүгүнкү биздин ахыбалыбызга көз салып көрүңүз. Дегеним, айрыкча азыркы тапта Россияда иштеп жүргөн жаштырыбыз адал жеп адалдан акча таап жүрөбү же беш көкүл кыздарыбыз өзүн сатып арам оокат менен күн көрүп ата энесине да ошол арамдан табылган акчадан салып, алдап соолап жүрөбү? Деген менен ошол беш көкүл кыздардын атасы да алтымышка чыкканына карабай жаш келин жандап көрүнгөнгө көз артып арактан алыс эмес экендигин да көрүп жүрөбүз. Ошондуктан «балык башынан сасыйт» же болбосо «суунун башы ылайка» деп айтылат куттуу кыргыз элибизде. Турдайым Кожомбердиева

МИГРАНТТАРДЫН ПИКИРИ

Ар-намыссыз жаштарыбыз көбөйдүбү?

Айжан Нуракова

Гүлзар Орунбаева

Калыбай Кадыров

Зинакорлук менин оюмча, Москвадагы эле кыргыздардын арасында эмес, ошол киндик кан тамган Кыргызстанда деле гүлдөп, өнүгүп-өсүп турган учуру. Жылуу-жылуу сүйлөсөң жылан ийнинен чыгыптыр дейт, анын сыңары он эки саат бою тынбай иштеп, анда да орустун оңураңдаган көз карашы менен орой сөзүнөн башка жакшылыктуу мамиле көрбөгөн селкилерге ошол тили буруулардын мамилеси жомоктогудай болуп жатпайбы. Ал эми жигиттерибиз өрдөк жокто чулдук бий, өпкө жокто карын бий болуп жаткан кербези.

Элибизде көзүң көрбөсө, ... бөрү жесин деп бекер айтылбаган чыгар. Алыскы жерде мени ким көрдү да ким укту деген ой менен наристелер ара жолдо калууда. Ал сулууларыбыз ар жигиттин этегине бир жармашып эртеси ичи дөмпөйүп калса, конкреттүү бирөөгө док боло албай атасы андан мындан энеси кызыл гүлдөн болгон бейкүнөө наристелерди төрөп алып, аргасыз таштап кетип жатышат. Алтыным сен үчүн асмандагы жылдызды да алып берем деп, колунан келбеген убаданы берген жигиттерге көзү бозоргон селкилер чын жүрөгүнөн ишенип, көздөрүнө ошол жигити менен болгон эртеңки бактылуу жашоосу элестеп, жигити эмне десе макул боло берип, качан, кайсы күнү өз намысына доо кетирип алганын байкабай калышат.Андан аркысы бештен белгилүү да.

Ыйман дейсиң, ыйманыбызды алда качан аш ордуна ичип-жеп алганыбызды унутуп калдыңарбы. Ата-энелер өлбө жаным өлбө деп, өз арабасын тарта албай жүрсө, кайдан уулкызына акыл айтып, таалимтарбия берип, үлгү көрсөтсүн. Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деп бирди экинчисине араң улап жашап жатабыз. Айтор замандын өзөргөнүнөнбү же энеатабыздын тарбиясынын жетишсиздигиненби, кыздарыбыз жаман жолго түшүүдө. Мүмкүн болушунча балдар кыздарыбызды ыйманчылыкка үйрөтүшүбүз керек. Биз улуу элдин урпагы экенин эске алсак.

Ысмайыл Токтобаев Заманың түшкүр айдактаган эчкидей ар аскага бир секирип турса, пенделери кайда качып кутулмак. Агымдан чыкпай, чөйрөдөн эмнени көрсө ошого көнүп кетип жатышат. Эптеп тыйын тапмай, жашоосун алга жылдырмай, үйгө акча салмай. Ал үчүн ар ким алы жеткен жерден акча табуунун аракетинде жүрөт. Жашоодон туура жолду тапканча убактысы өтүп, ыйман жолуна түшкөндөн да кечигип, анан көрбөгөндүн көргөнү курусун болуп, азыркы көргөндөрү бейиштей элестеп, көзүн ачса ар-намысы тепселип, уятсыйыты кеткен. Жакшы жолго түшүүнүн аракетин да жасабайт, жанды кашайтышып...

Айжан Мамасадыкова Москвага келген эле сапар тартып, Күн өткөн сайын күнөөсү ашып, Ойноштук кылып, денесин сатып, Ыйман жолунан да адашып, Кечирилгис күнөөгө батып, Жеңил турмуштун даамын татып, Атпаган таңы агарып атып, Гүл турмуштун даамын татып, Анан кайгы-арманга батып, Ушак-айың кеп-сөздөн качып, Уяткара тиктеген көздөн качып, Катпаган башы калды окшойт катып Бул өңдүү пенделерге; Айла кеткенде айтаарым: Сен өңдөнгөн бышпаган башка, айтаар сөзүм башка.


НУР

реклама

№ 02 (20) / 2011

www.presskg.com

04

Москванын үлгүлүү кыргыз коому

2010-жылдын эң мыкты коомдук уюму «Кыргыз биримдиги» - Абдыганы Абжамилович, Москвада «Кыргыз Биримдиги» коомдук уюмун жетектеп келе жатасыз. Бул уюм кимдер тарабынан, качан түзүлгөн жана азыркы убакта уюмдун канча мүчөсү бар? Уюм 2002- жылдын башында түзүлгөн. Баштапкы жетекчиси Мырзабеков Эгенберди деген жигит шайланган болчу. Ал кезде учредители бир эле киши болуп, башкаруу мүчөлөрүнүн саны 8 кишиден турган. Экинчи жетекчи - Муратбеков Асылбек - көрүнүктүү бизнесмен, 2005- жылдын май айынан баштап 2007жылдын октябрь айына чейин уюмду жетектеп келди. Мен 2007- жылдын октябрынан баштап жетектеп келе жатам. Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талабына ылайык, 2009-жылы кайрадан Мамлекеттик Юридикалык каттоодон өткөнбүз. Азыр 14 киши учредитель болуп эсептелет. Башкаруу органында 42 киши бар. Уюмдун мүчөлөрүнүн саны бүгүнкү күндө 28 000ге жетти. Вологда областында биздин уюмдун бир бөлүмү да бар. Жетекчиси Кошбаев Толкунбек, 5500 мүчөсү менен. - Коомдук уюмдун негизги максаты жана кандай иштерди алып барып жатасыздар? - 2010- жылда биздин уюм тарабынан көп эле жумуштар жасалды. Айрымдарына токтоло кетейин. Ош окуя-

«Нур реклама» гезитинин окурмандарынын жыйынтыгы менен 2010-жылдын эң мыкты коомдук уюму «Кыргыз биримдиги» деп табылды. Аталган уюмдун төрагасы Шакиров Абдыганы Абжамиловичке уюм тууралуу бир нече суроо менен кайрылган элек. Төмөндө ушул маеке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

ларынан жабыр тарткандарга 5 машина азык-түлүк жана акчалай 750 000 рубль өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү. Ошол эле жылы көптөн бери ойлонуп келген планыбыз ишке ашып, «Кокустуктан өзүң сактан» проектиси боюнча «РосгосстрахЖизнь» страховое компаниясы менен келишим түзүп иштей баштадык. Ал эми үстүбүздөгү жылы Москва регионунда жаштарыбызга баш-көз боло алат деген ишеним менен, көп жылдардан бери жердештерибизге чоң жардамын берип жүргөн атуулдарыбыздын арасынан тандалып, 15 кишиден турган «Аксакалдар соту» түзүлдү. Тизменин башында Кеңешбек Кулматов ардактуу аксакалыбыз турат. Дагы бир жумуш -бул Кыргызстанда болуп жаткан маанилүү окуяларды жана жалпы социалдык-экономикалык абалы тууралуу ушул жактагы жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктарга маа-

лымат берүү боюнча семинарларды өткөрүү маселесин чечтик. - «Нур реклама» гезитинин окурмандарынын жыйынтыгы менен 2010-жылдын эң мыкты коомдук уюму «Кыргыз биримдиги» деп табылыптыр. Бул коомго өзгөчө салымын кошкон адамдарды атай кетсеңиз. - Негизги белгилей кетейин дегеним, ушундай ойлорду ойлоп таап, алдыңкыларды издеп, белек берип куттуктагандыгы үчүн ушул гезиттин кызмытчы-журналисттерине жана башкы редактору Бапанов Багытбек мырзага коомчулуктун атынан чоң ыракмат айтамын. Коомдук уюм болгондон кийин, анын жараткан ийгиликтеринин баары жалпы негизги мүчөлөрүнүн эсебинен келет эмеспи. Ошол себептен мен биздин уюмдун бардык башкаруу органдандын мүчөлөрүнө чоң салымын кошкондугу үчүн, алардын ичинен айрыкча аксакалдарыбызга - Исманалиев Сакен, Сардарбеков Обозкан, Жандаров Айталы, Акжолов Маматжан, Темиров Маматкасым, Асанов Дамир, Абдуллаев Медербек, Сакиев Сапарбек агаларыбызга ыразычылыгымды билдиремин. Менин орун басарларым жөнүндө айтсам; эл менен иштөө жагынан колдоо көрсөткөн - Ибраев Нурбек, ММК тарабынан активдүү колдогон - Додонов Тилек

жаштар менен мамиледе жардам берген - Чекелеков Болот, ал эми спорт жагын жакшы жолго салып алып бараткан - Кошматов Улан. Активдүү кыздарыбыз булар: Жумагулова Назира, Юсупова Марихат, Эгенбердиева Бактыгүл жана Босмолокова Гуля. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аларды келе жаткан 8-март Аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктайм .Активдүү жигиттерибизден айтсам: Нарбаев Бактыбек, Идаев Эшмурза, Субанов Базарбек, Абдыкадыров Эмилбек, Калбердиев Кубаныч, Юсупов Арстаналы, Жантелеев Талантбек, Абдразаков Улукбек, Эшбаев Замирбек. Вологда областынан: Кошбаев Толкунбек, Тагаев Сейткасым, Жусупалиев Акылбек, Жунусов Таирбек ж.б. көп салымын кошууда. - Элге кайрыла турган сөзүңүз барбы жана бул коомдук уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл аласыздарбы? «Өзүнө-өзүн сак бол жердештерим» деп айтат элем. Себеби, мекенибизден алыс жерде жүргөнүбүзгө байланыштуу, ар бир кыргыз жараны өзүнүн үй-бүлөсүнө, ата-энесине, туугануруктарынан башка дагы эң негизгиси Кыргызстаныбыз үчүн керек экендигин унутпашыбыз керек. Биздин коомго мүчө болом дегендерге эшигибиз ар дайым ачык. - Коомдук уюмуңузга жана өзүңүзгө чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз, ар дайым эл менен болуп, алардын урмат-сыйына татыктуу болуп жүрө бериңиз. Маегиңиз үчүн чоң ыракмат. Маектешкен Айнура Каипкулова

Кыргызстандыктар сиздерди куттуктайт Кыргызстандагы ири чек ара отряддарынын бири бул- Чүй чек ара отряды. Бул чек ара Казакстан менен чектеш жердерлерди көздүн карегиндей сактап, мекен алдында өз милдеттерин так аткарышууда. Учурдан пайдаланып Чүй чек ара отрядынын командири, подполковник Кубатбек Жээнбаевди кепке тарттым. - Кубатбек мырза, аскер кызматынан четтеп, бир аз чет өлкөдө иштеп жүрүшкөн мекендештерибиз туурасында кеп козгосок. - Рахмат Кубаныч, чынын өлкөдөгү экономикалык абалдан, жумушсуздуктан канчалаган мекендештерибиз чет жакада жүрүшөт. Менин жеке оюмда алардын эмгектери өтө эле зор. Канчалаган миллиарддаган каражаттарды өз мекенине жөнөтүп жатышат. Бул эрдик эмей эмне.

Маселен биз аскер кызматкерлери мекен алдына коюлган милдеттерди аткарып келсек, алар жеке үй бүлөө алдындагы милдеттерин аткарып жатышат. Мен түшүнөм, кайсыл жерде жүрүшпөсүн мекендештер үчүн өтө эле оор. Өз өлөң төшөк деген накыл сөздүн мааниси ушунда. - Сиз айтмакчы ошол оор кыйынчылыкты башынан өткөрүп жаткандардын катарын көбүн кыз келиндер түзөт эмеспи? - Туура айтасыз, чынында эле мигранттардын көпчүлүгүн аялдар түзөт. Маселен Москва шаарында менин эжем жездем иштешет. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып эжемди 8- Март майрамы менен куттуктап кетмекчимин. Иштерине ийгилик бакубат турмуш тилеп кетейин. Ошондой эле жалпы Россияда иштеп жаткан эже карындаштарга да ийгилик каалайм. Баса Россиядан минтип кыргызча гезиттин чыгарылышы мени кубандырат. Мындан тарта интернеттен сиздердин гезитти окуп турмакчымын.

Кемин чек ара заставасынын жоокери Адилет Кенжегулов Мен сиздердин гезит аркылуу карындашым Саламат Кенжегулованы 8-Март майрамы менен куттайм. Иштерине ийгилик каалап, ден соолугунун чын болушун каалайм. Мен кызматымды жакшы өтөп жатам. Үйдөгүлөрдүн баардыгы жакшы, сарсанаа болбо. Маектешкен Кубанычбек Чынгышбаев, Бишкек шаары.


05

№ 02 (20) / 2011

www.presskg.com

«Эгернизмдер»

Р

оссия юмористтери «если» деген сөздөн башталган кыска сүйлөмдөрдү Еслинизмдер деп атап коюшуптур. Орусту туурап көнгөн жаныбыз, биз да «эгер» деген сөздөн башталган кыска сүйлөмдөрдү «Эгернизмдер» деп атап көрсөкпү дейбиз. Эмесе баштадык… - Эгер «Эгернизм» туура эмес деп эсептесеңиз, анда өз сунушуңузду киргизиңиз. - Эгер Россияга иштегени келсеңиз, анда эсебиңиз эң кеминде 2-3 жылга алынсын. Эгер гипермаркетке уборщица болуп ишке кирсеңиз, анда сөзсүз колуңуз туткак боло баштайт.

Кеңеш сурайм сизден, окурман

Ч

оң энелердин сандыгын оодарып көрдүңүз беле, окурман. Эмнелер гана жок дейсиз: көздүн жоосун алган түркүн түстөгү кездемелер, шайы жоолуктар, мончок-шурулар, седептопчулар, жыпар жыттуу атыр-упалар, эскирген сүрөттөр, каттар, эскерүүлөр, дагы-дагы толгон-токой буюмдар. Анан ошолордун ар бирине байланышкан не бир кызык окуялар... Демек, биздин жаңы рубрикабыздын Нурсандык аталышы да жөн жеринен эмес. Ошол чоң энелердин сырдуу сандыгы сыяктуу таң калыштуу, укмуштуу жана кызыктуу окуяларга бай материалдар жарык көрүп турушун каалар элек. Аталган рубрикабызда - Нурсандыктын коноктору; - Нурсандыктын СМС бурчу; - «Эгернизмдер»; - Кызыктуу фактылар; - Кыргыз баталары.Чоң ата, чоң энелердин ак батасы; - Илгертен калган ырымдар; - Кеңеш сурайм сизден, окурман, аттуу темалар орун алмакчы. Нурсандык рубрикасы боюнча сиздерден сунуштарды, кеп-кеңештерди күтөбүз. Байланышуу үчүн телефон: 8-925-780-36-76, 8(926) 120-56-91. электрондук почта: aycangul@mail.ru, nurgazeta@mail.ru Эмесе, сиз менен чогуу, Нурсандык рубрикасынын тушоосун кесип, ага гезиттин ушул санынан баштап ак жол тилеп, албан-албан ийгиликтер каалап коелу, урматтуу окурман!

С

тудент кезимле бир жигит менен сүйлөшүп жүрдүм. Экөөбүздүн сүйүүбүздү бүтүндөй институт билчү. Тим эле эгиз козудай ээрчишкенибиз-ээрчишкен. Анын үй-бүлөсү бар эле. Ошондуктан арада үйлөнүү тууралуу бир да сөз болчу эмес. «Сен окууңду бүтө берчи, анан бир кеп болор»,- деп койчу. Көз ачыпжумганча арадан төрт жыл өтүп кетиптир. Акыркы курс-та окуп жатканда үч уктасам түшүмө кирбеген окуя болду. Күндөрдүн биринде эжемдин үйүнө барып калсам, жээним: «Эже, вы беременны что ли, что-то живот большой стал»,- дебеспи. Мен эптеп жооп айтып, бирок ичимден кооптонуп калдым. Квартирага келип өзүмдү күзгүдөн ары өтүп карайм, бери өтүп карайм, чындап эле ичим чоңоюп калыптыр. Ойлоп көрсөм, акыркы эки

айда этек кирим да келбептир. Эмне кылышымды билбей абдырап калдым. Ошол кезде артымдан калбай жүгүрүп жүргөн өзүм менен теңтуш бала бар эле. «Сага үйлөнөм, көрөсүң баары бир сени алам»,- дей берчү. Бир күнү учурап, дагы ошол сөзүн айтып калды эле, «Качан аласың, колуңдан келеби, деги?»,- деп көкүтүп койдум. Көп өтпөй ала качты. Салт боюнча жеңелер кууп барды. Баары ойдогудай, нике кыйылды, кыздыгым алынды, бирок жүрөгүм өйүгөнү-өйүгөн. Бир жумадан кийин окуума кайттым. Ичим чоңойгондон-чоңоюп баратты. Жолдошум менен жок шылтоолорду айтып урушам. Эси-дартым эле эптеп ажырашуу. Шерменде болгондон корком. Ошентип ажырашып тындым. Күнүм жетип кыз төрөдүм. Кызымды жалгыз тарбиялап жатам. Бир күнү кокусунан кызымдын күндөлүгүн окуп калдым. «Атамды бир эле жолу көрсөм, арманым жок эле»,- деп жазып коюптур. Дүйнөм астын-үстүн болуп, өзөгүмдү өрт каптап кеткендей болдум. Эмне кылсам? Ага болгон чындыкты кантип айтам, же айтпай эле койсомбу?.. Сизден кеңеш күтөм, урматтуу окурман. (Айымгүл, Москва ш.) PS: Айымгүлгө айтаар кепкеңешиңизди кат жүзүндө же СМС аркылуу редакцияга билдирсеңиз болот. тел: 8-925-780-36-76 e-mail: nurgazeta@mail.ru

НУР

реклама

- Эгер бул айдын квартплатасын төлөбөсө анда башка төлөй ала турган кыз издешиме туура келет. - Эгер сүйгөнүңүз мезгил-мезгили менен телефонуңузду текшерип турса, анда өзү сүйүүгө туруксуз. - Эгер жаш бойдон калгыңыз келсе, анда арак, сигарет жана наша менен жакын дос болуңуз. PS: Сиздерден «Эгернизмдерден» жазылган СМС күтөбүз. Келген СМСтердин сөгүнгөн сөздөрдөн башкасын гезитке жарыялайбыз. Байланышуу учун телефондор: 8-925-780-36-76.

Нур-сандыктын СМС бурчу А.0001 Кызың болсо уулуң жок, анын болсо мунуң жок, ушундай экен дүйнө шок. (Асанбай, м. Строгино) А.0002 Москвага барсам эле жыргап кетем дедиң беле? Ошондой болот… (Гулмира,м. Проспект Мира) А.0003 Айлыкты айлыкка жеткире албай жүрүп, акылымдан адашмай болдум. (Марлен, Мытищи ш.) А.0004 Жардырууңду таптакыр, койбодун го террорист. Аэропортту жардырып, тойдуңбу эми террорист. (Жалынбек патриот м. Домодедово) А.0005 Жалгыздыктан жадап жүргөндө, жаратканым жакшы жигитке жолуктуруп, жан дүйнөм жыргап эле калбадымбы.(Сабира, м ВДНХ) А.0006 Таруудай болгон элиңди, Чачып таштап чар-жайыт. Елциндин туулган күнүндө, Эмне бар сага, Акаев? (Азамат,м.Университет) А.0007 «Түнкү көпөлөктөр» күндүзү деле уча беришеби? Себеби өзүм түнкү сменде иштейм да. (Кубат,м.Медведково) А.0008 Түнкү көпөлөктөрдү кубалап ойноп жүрүп, күндүзгү стационарга түшүп калбадымбы. Жигиттер көпөлөк кубалабай эле койгула! (Арзымат,м.Фрунзенская) А.0009 Сүйөмүн сени гана ишен дедиң, ошентип сүйүүң менен кишендедиң (Зинакан, м Владыкино) А.0010 Эркектин жакшысы кал (лысый) болот дейт, а аялдын жакшысы кандай болот? (Каныбек, Одинцово ш.) А.0010 Жердештеримди мечитке жума намазына чакырамын (Каныбек м.Пр.Мира) Ps: Келген СМСтердин сөгүнгөн сөздөрдөн башкасын гезитке жарыялайбыз. СМС үчүн телефондор: 8(925) 780-36-76, 8(926) 120-56-91

Сиз окубаган каттар...

А

па, бул менин сизге жазган алгачкы катым. Аттиң арман күн ай, катты «Саламатсызбы»,- деп баштай албай турганымды карабайсызбы. Анткени сиз кол жеткис жайларда, саламаттык суралбаган жерлерде, түбөлүк уйкуда жатасыз. Көзүңүз тирүү болгондо 8-мартыңыз, анан туулган күнүңүз менен куттуктабайт белем, себеби туулган күнүңүз менен 8-март дал келип, бул күн сиз үчүн кош майрам болучу. Эсимде, жыл сайын 8-мартта эч болбосо эки куплет ырымды көтөрүп барар элем. Эми болсо эки эмес эки миң сап жазсам да угуп, мени кубаттап жанымда олтура албайсыз. Өкүнөм, аябай өкүнөм.Өмүр бою жаныңызга жакын жерде жашап жүрүп, акыркы эки жылда алыска кетип калганыма өкүнөм. Тирилигим өтпөй кала тургансып, эмнеге келдим десеңиз Москвага. Бешенеңизде эле туруп, өмүрүңүздүн акырына чейин баягы мага айтчу акылман кепкеңешиңизди угуп жүрө бербей эмне болдум. Эми кеч, баары кеч, шолоктоп ыйлаганда, ичтен сызып кайгырганда табар пайдам кайсы дейсиз, жүрөк оорудан башка. Ооба, эки жыл көрүшпөй калдык. Бир туугандарым «Апам катуу ооруп калды, тез келип кал»,- деп телефон чалышканда, билесизби апа, саат жылга, күн кылымга айланды. Эртеси күнгө билет алсам, ошол эртеңки күндүн таңы атмагы азап болду. Сиздин карааныңызды көрбөй калчудай тыбырчылайм. Арга канча, канат өзүмдө эмес экен учуп бара калайын десем.

АПАМА КАТ Жеттим, жетерин жеттим го, бирок баягы мен элестеткен апамды таппай турдум. Бүтүн денесин шишик баскан, көзү ачылбайт, тили булдуруктап араң сүйлөйт, ордунан турбай сулк жатат, үстүнө кирген адамга тиктебей сүйлөйт. Мени «Келдиңби, өт алдыма»,деп бет жагына өткөрдү. Өпкө-өпкөмө батпай ыйлап алгам. «Эмнеге ыйлайсың, мен тирүүмүн, өлгөн жокмун али»,- деп кайра менин акыбалымды сурадыңыз, өзүңүз бир абалда жатып. Арадан үч күн өттү. Түнү жаныңызда жатабыз, үч эже-сиңди. 7-ноябрга караган түнү «Сен балаң менен ички үйгө жата бер, апамды биз карайбыз» деп коюшту эжемдер, көрсө алар баарын туюп-билип турган тура. Бирде-экиде өлүк көрбөгөн чочуп калат деп мени атайын эле башка үйгө жаткырышкан экен. Негедир саарлап көзүм умачтай ачылды, шашып апам жаткан үйгө чыгып, апам кандай деп бир туугандарымды тиктесем, баары томсоруп унчугушпайт, көздөрүндө каканактап жаш. «Апамдан айрылып калдык»,-дешип: акем өкүрүп, эжемдер ыйлап жатышты. Эмне, эмне дейсиз, жо-ок, апа, а-па, а-паа... Миң бир жолу апаласам да бир жооп кайтарбай суналып жаттыңыз, апа. Азыр эле тынчып уйкуга кеткендейсиз. Бутуңузду ку-

чактап бакырып жатам, өкүрүп жатам,үнүм каргылдана баштады. Эжемдер кошок айтып киришти.Бир убакта улуу эжем «Бакырбай үн кошуп ыйла, эл сенин кошогуңду тыңшайт, билбесең, мени угуп ошону кайтала»,- деди. Ушул жашка келгени бир жолу да кошок кошпогон жаным үнүмдү созсом колдурайт, кошоктун ыргагына окшобойт, ошентсе

деле кошо бердим, анткени эжемдин «Апама күйгөнүңдү кошогуң менен билдир»,- дегени кулагыма жаңырып турган эле. Бир маалда улуу эжем дагы шыбырады: «Апамдын жоро-жолдоштору Сардал өлбөйт; өлсө Айжаны эле кошок айтып жүрүп тирилтип коет дешчү эле. Эми мени туурабай өзүң таап кош».Чындап эле эмнеге эжемдин айтканын кайталайм, өзүмдүн күйүтүмдү өз кошогум менен айтпайымбы. Үнүм кырылдапкирилдебей, кошоктун ыргагына түшө баштадым. Кошок арасында апа, апа деп бакырып алам, жаным чыгып кетчүдөй чыңырсам да сиздин чымындай жаныңызды кайтара албадым, апа. Туулган күнүңүз менен куттуктап, эми сизге бакубат жашоо, узун өмүр эмес, акырет жашоо тилеп, кошогумду улантайын, апа. Саарлап турсам шамал жок, Сагынып келсем апам жок. Күн чыга турсам шамал жок, Кубанып тосор апам жок. Кең болуп барган жайыңыз,апа! Бейиштен орун алыңыз, апа.! Жарык бир болуп жайыңыз, апа! Жаннаттан орун алыңыз, апа! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко, акыретиңиз абат болсун, апа! Бетти даярдаган: Айжан Мамасадыкова


НУР

реклама

№ 02 (20) / 2011

www.presskg.com

06

Уча бер Ала Тоонун ак шумкары!

Камбарова Нурзина:

«Мен Кыргызстан атуулумун» «Кары кетилет, жаш жетилет» дейт элибизде. Анын сыңарындай, улуу көчтүн учугун улай бүгүнкү күнү темир канат жаш таланттарыбыз спортто болобу, шоу бизнесте болобу айтор ар кайсы тармакта өздөрүн өзгөчө даяртыкта алып чыгышып Кыргызстандын эле эмес Россия Федерциясынын Чемпиону аталып атышкандыктары албетте жүрөк кубанаарлык көрүнүш экендиги талашсыз. Мына ушул жаш талант жеткинчектердин бири Ушу Сандонун спорт чебери Кыргызстандын атуулу Москвадагы 731-мектептин 10-класынын окуучусу Камбарова Нурзина Бекболотовананы сөзгө тарттым. - Нурзина алгач өзүңдү тааныштыра кетсең кайсы жердин жибек чачысың? - Мен ош облусунун Ноокат районунун Бел Өрүк айлында жарык дүйнөгө келгем. Атам Камбаров Бекболот апам Топоева Айнара айылдын алдыңкы активисттери. Москвага келип иштеп отурукташып калганыбызга быйыл сегиз жылдын жүзү болуп калды. Өзүм Москвада жүргөн менен айылымдын

бае жашоосу, таза абасы эсимден кетпей дайыма эстеп жүрөм. - Ушу сандаго катышып калууңдун негизги себеби кайсы жана жетишкен ийгилигиңдин ахыбетин айта кетсең? - Негизи менин ойумча кандай гана талант болбосун бул Алла тарабынан берилген шыбага деп эсептейм. Негизи менин спорко кызыгуумдун башаты болуп бир агамдын спорт мелдешиндеги

биринчиликти жеңип алгандыгы болду. Ошентип спорт менен мен он бир жашымдан баштап машыга баштадым. Ошол машыккан жылдар аралыгында Все Российский турнир Россианка по Ушу Саньшоу, Спортивно контактый бой, Фул контакт карате до жана башка спорт түрлөрү менен машыгып айтылган спорттун кайсы гана түрү болсун баарынан биринчи орунга татыктуу болуп келе жатам. Албетте Россияда канчалык деңгээлде ийгиликке жетсемда бул бир гана менин гана ийгилигим эмес биринчи ата энемдин, мекеним Кыргызстандын ийгилиги деп эсептейм. Айрыкча Ушу Сандо боюнча мелдеште жогорку орунга татыктуу болуп Россия чемпиондугун жеңип алганымда өтө бир башкача толкунданууда болгонмун. Дагы бир айта кетчү нерсе ушул спортко кызыгуумдун, аракетимдин негизинде бир канча мелдештерге катышып отуздан ашык дипломдорду биринчиликти алып келдим. Бул жерде сага бут тосуулар жердешчиликке тарткан учурлар болдубу? - Бирөөнүн эли, бирөөнүн жери болгондон кийин бул көрүнүш сөзсүз болбой койбойт. Мисалы шаар аралык мелдеште мен биринчи орунга жеткениме карабай биринчиликти москвичка кызга берип койушкан. Ошол тапта менин тренерим ал жерде жок болчу. Ошондон пайдаланып кетишкен. Бирок кайсы гана мелдешке түшпөйүн сөзсүз

Роза атым, Рузихон болду Өзбекстандык Фергана тургуну кыргыз кызы Роза (25 жаш) Москвада иштеп жүрүп паспортунун убакыт мөөнөтү бүткөнүнөн алмаштырганы айлына барат. Жаңы паспортуна документтерди тапшырып убактысы келгенде паспортун алганы барса , Роза аты өзгөрүп Рузихон болуп калганын көрөт. Паспортто аты өзгөрүп Рузихон болуп калган Роза, күбөлүгүндөгү жазылган Роза атын көргөзүп паспорт бергендерге

нааразычылыгын билдирсе, - сизге өзбек аты Рузихон жүдаа жакшы жарашат деп, көңүлүн көтөрүп, алдап- соолап жолго салышат. Бирок Роза дагы да болсо жаңы өзбек Рузихон атына көнө албай жүргөн чагы. Азыр Роза, өзбек эли мындай саясатты жүргүзүп жатканына таң калдым-дейт сөзүндө. «Нур» пресс

Той маарек болсун! Москвада ЖКХда иштеп жүргөн Кара-Кулжалык жердешибиз Пирматов Адашкан «ЖАН ШЕРИК» аттуу биринчи ыр китебин жарыкка чыгарып, өзү туулуп өскөн Ылай-Талаа айылында чоң той өткөрдү. Автор алгачкы китебинде Ата журт, туулган жер, жаратылыш, сүйүү, кусалык ж.б. темаларды камтып, жашоого, азыркы заманга, адам пейилине болгон өз көз карашын ыр аркылуу чагылдырат. Адашкан! Жаңы китебиңдин чыгышы менен куттуктайбыз жана чыгармачылык чыйырыңа ак жол тилейбиз! «Нур» пресс

мекеним Кыргызстандын аты аталат. Себеби мен Кыргызстандын атуулумун. Убакыттан пайдаланып тренерлерим Юрий Григорьевич Герьгель менен Виктор Евгениевич Каратовго ыраазычылыгымды билдире кетким келет. -Кандайдыр бир ден соолукка тийгизген таасири барбы? -Албеттте таасири чоң оң жагынан алып караганда ден соолук чың болот. Бирок мен машыгып жүргөн. Ушу сандодо эгер өзүңө этият мамиле кылбасаң айрыкча мелдештерде ден соолукка терс таасири да тийиши мүмкүн. Мисалы бул «бой без правила» сыяктуу болгондуктан бир кыйла эпчилдикти талап кылат. Трамва сотрисение мозга алышың мүмкүн. Айтор ар кандай кокустуктар болуп кетиши ыктымал. -Алдыда дагы кандай максаттарың бар? Албетте дүйнөлүк мелдештерге катышам деп ниет кылып машыгуудамын. Буюрса кандай гана ийгиликтерге жетишпейин баары ата энем жана мекеним үчүн. -Нурзина, ылайым максатыңа жет Маектешкен Турдайым Аширапбай кызы.

ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! НООРУЗ МАЙРАМЫ! Майрамыңыздар менен жердештер! 2011-жылдын 20-мартында саат 12.00дөн 18.00гө чейин м.ВДНХ, Торгово- выставочного Центр (ТВЦ) «Кыргызстан»да жалпы мекендештерибизди Нооруз майрамына карата «Нооруз - 2011» аттуу кечеге чакырабыз! Программада: - Ноорузга карата Сүмөлөк аземи; - «Нур реклама» гезитинин «Москва кайрыктары» бетине ырлары жарык көргөн калемгерлерибиз катышкан Поэзия кечеси; - «Нооруз – 2011» концерти; - Түрдүү оюндар жана кызыктуу конкурстар; - «Нооруз-2011» майрамдык дискотека. «Нооруз-2011» кечесине кирүү акысыз. Каалоочуларга эшик ачык! Уюштуруучу топ: - Торгово-выставочный центр (ТВЦ) «Кыргызстан» - «Нур реклама» гезитинин жамааты - «Кыргызтан аялдар» коому


07

№ 02 (20) / 2011

Ааламдын эң маанилүү адамы Азирети Мухаммед (саллаллааху алайхи васаллам) болуп саналат. Ал бир тараптан жаратылгандардын эң алгачкы үрөнү, а башка тараптан жаратылыш дарагынын эң чокусундагы мөмөсү сыяктуу. Ай Aалам куду Aга (саллаллааху алайхи васаллам) арналган ырдай, а дененси бул ырдын акыркы сабындай. Анын дүйнөнү зыярат кылып, Aны шарапатка бөлөөсү адамзаттын кайрадан тирилүүсүнүн өбөлгөсү; пайгамбарлыгы, турмуштун өйдө төмөнүн, бизди курчап тургандын баарын жарытып чыныгы келбеттеринин таанылышына себепчи; хижрасы, адамзаттын бүт түйшүктөрдөн кутулуусунун жолу; айткандары, эки дүйнө жыргалынын көпүрөсүндөй. Момун жүрөктөр Анын (саллаллааху алайхи васаллам) шарапаты менен Aй Aалам жарманкесин

www.presskg.com

реклама

Ыйман сабагы

Ааламдын эң маанилүү инсаны Азирети Мухаммед Сариев Алтынбек Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Москва шаарындагы өкүлчүлүктүн кызматкери

Сени берген жаратуучу Кудай тек, Сен айткандай жалбарамын Кудай деп. Сен бактылуу туура жолду көргөздүң, Сен Касиет, сен Улуусуң Мухаммед! ирделей алышат, Aны китеп сымал окуп жоромолдошот жана Анын (саллаллааху алайхи васаллам) жарыткан жолдо адашпай Аллахка карай жол алышат. Ал (саллаллааху алайхи васаллам) аркылуу акыйкатты тапкандар түбөлүктүүлүктүн эликсирин кана жутушат. Анын (саллаллааху алайхи васаллам) ички келбетин көрө алгандар, окуй алгандар бүтүндөй илимдердин сырын чече алышат. Арадан жүздөгөн жылдар өткөндүгүнө карабастан Ал (с.а.в) дале көктө жанган эң чоң жыл-

НУР

дыз, өчпөс күн; жоопкерчилик сезими, сүйүүгө сугарылган рухтарды ай аалам менен кол кармаштыруучу улуу көсөм. Инсан Ал (с.а.в) кыдырган чөлкөмдөргө кадамын коёр койбос, Аны (с.а.в) менен бетме бет келчүдөй болот, Аллахка алпарчу даңгыр жолдун бут астына төшөлгөнүнө күбө болот. Инсан Аны (с.а.в) кайра кайра зыярат кылса да сагынычы таркабайт, ар дайым келген сайын көз жоосун алган алтын, бриллиантка жык толо казынага туш болгон-

дой өрөпкүп толкунданат, Андан (с.а.в) тараган жумшак, жыпар жыттуу желге ыргалат, моокумун кандыралбай Ага (с.а.в) суусагандан суусай берет да адам жүрөгүм жарылса да Ага (с.а.в) жетсем, Аны (с.а.в) бүтүндөй жандүйнөм менен туя алсам деп самайт. Аны (с.а.в) сүйүп

калуу, куса болуу сыяктуу бакытка бөлөнгөнү үчүн чексиз лаззат алса, Ага (с.а.в) татыктуу үммөт боло албаганы үчүн миң түйшөлөт. Он төрт кылым мурун ушул күндөрү (Раби-у аль-аввал / 571-жыл) инсандардын эң мээримдүүсү, кайрымдуусу жана

Арбакпы же... Менин атым Жолдошбек. Баткендин Үч-Дөбө айылынан болом. Менин көздөрүмө арбак көрүнөт. Чынында, арбакпы же башка нерсеби билбейм. Арбакка окшогон киши биринчи жолу Бишкекте көрүнгөн. Паспортко сүрөткө түшүп, Баткенге берип жиберейин деп автовокзалга келгенбиз. Жанымда мени менен тең Нурбек деген бөлөм бар эле. Таксистке берип коюп, Кулиева көчөсүнөн өйдө Ош базарына жөнөдүк. Артыбызда бир киши келе жаткан, узун бойлуу кара шляпа кийип алган. Үстүндө болсо плащ, а бутунда союз убагындагы өтүктөр. Нурбек экөөбүз «бул көчөдө Пушкиндин замандаштары жашайтко» - деп тамашалашып келе жатканбыз. - «Кой, акырын сүйлө, угуп калса урушуп кетпейли!» - деп эле артыбызды карасак баягы киши жок. Бирок, кантип? Азыр эле эки-үч кадам артта келе жатпады беле? Илгеркилер тез басып көнүп калса керек да. «Кайрылып туруп, бир үйгө кирип кетти го», - деп кайра шылдыңдай алдыбызга бурулдук. Артыбыздан келе жатып, жок болуп кеткен киши алдыбызда, чагымда бир 50 метрдей жерден бизди карап туруптур. Бөлөм экөөбүз тең чочуп кеттик. - «Кантип астыбызга өтүп кетти?» деп ойлоно, унчукпай өтүп кеттик. Андан бир аз узагыча караган жокпуз. Анкени, заарын чачкан кызыл көздөрү менен бизди карап турган эле. Арык эле жан экен, урушуп кетсек экөөлөп сабап койчудайбыз. - «Артты карап койчу дагы эле карап турабы?» - десем өзүң карачы! – дей салды. Анан бирдей бурулуп, экөөбүз тең артыбызды карасак, баягы киши кайра жок. «Эмне, бизди коркутайын деп жатабы? Же тамашалап жатабы?» - деп, бурулсак эле алдыбызда туруптур. Экөөбүз

тең токтоп калдык. Бул жолу тамашалуу эмес, коркунучтуу болчу. Экөөбүз тең калчылдап жанынан араң өтүп, Ош базарына жетип келгендиктен элге аралышып кеттик. Тезинен Ош базарынын үстүндөгү аялдамага жетип келдик. Арча-Бешик жаңы конушуна барчу 133-маршруткага отурдук. Бир жерде светофордон токтоп турганда, сыртты карасам көзүмө баягы киши көрүнүп кетти. Нурбекке айтайын десем, ал да чочулап турган экен. Кийин, Баха көчөсүнөн өйдө баратканыбызда бир аялдамада маршруткага кол көтөрүп туруптур. - Байке, токтобоңуз! эле токтобоңуз! - деп кыйкырып салган бөлөмдү айдоочу: - Эч ким токтоткон жок?! Ай жигит, баары жайында элеби? – дегенде гана экөөбүзгө эле көрүнүп жатканын билдик. Высоковольтный линядан түшүп калып, бири-бирибизди карасак, ооздорубуздун тегерегине учуктар чыгып кетиптир. Үйдөгүлөр коңшу Молдокеге киргизип, окутуп чыккан. Молдоке: «Артыңдан эрчип жүрөт экен» - деген. «Артыңды көп карайсыңбы?» – деди. Чынында эле ошондоймун. Шырпылдап келе жаткандай болуп эле, жок эле бирөөлөргө жол берип алам. Басып баратып артымды кайра-кайра карай берем. Буларды да айтты. - Коркпо! көрүнөт, бирок тийбейт. Алыска кетип калсаң да эрчий берет. Кол булгалайт, бирок, сүйлөбөйт. Чакырса барбагын!- деди. Ал молдоке окуп койгондон бери көрүнбөй калган. Азыр болсо, Москвага келгем. Баары артта калган го, - деп койчумун. Бирок! Бирок, тескерисинче болуп чыкты. Бир жолу метродон чыгып келе жатканымда, көп элдердин арасынан көрүнүп

кадыр-барктуусу, эң мыктысы, бардык жаратылгандардын (макулуктардын) жаралуусунун башкы себеби атыккан Азирети Мухаммед (с.а.в.) жарык дүйнөгө келген. Анын келүүсү менен адамзат өз ордун билген, болумуштар да өз беделине ээ болгон. Ошондуктан, биз момун мусулмандар да, ал заттын жарык дүйнөгө келүүсүн өтө чоң нээмат катары кабылдап, Жаратканыбыздын мындай чоң нээматына жооп иретинде өзүбүздүн ыраазылыгыбызды билдирип кубанышыбыз керек жана бул кубанычыбызды ар түрдүү жолдор менен көрсөтүүбүз зарыл. Төмөнкү аят Алла Тааланын момун мусулмандарга Пайгамбарыбыз Мухаммедди (с.а.в.) мактоо, даңктоо жана урматсый көрсөтүү үчүн бир буйрук болуп эсептелет. Алла Таала Куранда минтип буйруйт: «Алар анын жакшылыгы, ырайымы, мына ушуга кубанышсын. Анткени, бул алар өздөрүнө чогулткандан жакшы». Курандын тили менен айтканда эң чоң жакшылык – бул Мухаммед Пайгамбар (с.а.в.) болуп эсептелет. Ырас, Куранда: «Биз сени бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк» деп буюрулат. Мына ошондуктан биз да Алла Тааланын буйругуна моюн сунуу менен бирге Мухаммед Пайгамбардын (с.а.в.) туулган күнүн дайыма тарыхый үйүт катары эскерүү максатында «Куттуу Жумалык» сыяктуу ишчаралар менен Пайгамбарыбызды (с.а.в.) эстеп, анын жашоосун, адеп-ахлагын жана осуяттарын оболу өзүбүз терең баамдап, андан соң башкаларга да жеткирүү менен кубанычыбызды билдирүүгө аракеттенебиз. «Куттуу Жумалыкты» өткөрүүнүн негизги максаты да мына ушунда.

кеткенсиди. Эми унуткандай, кайра коркутуп... Оюмдун баары ошондо. Эмнеге мени эрчип жүрөт? Эмнеге башкаларга көрүнбөйт? Мына, ушул суроолор жооп таппай келем. Баары молдоке айткандай, Москвага келсем да калбаптыр. Анан да көрүнөт, бирок, сүйлөбөйт. Ошол күнү кечке чейин ойлонуп жүрүп, күн кантип өткөнүн да билбей калдым. Кеч кирип, уктайын деп ойлонуп жаткам. Мен жаткан жер айнекке туш болгондуктан, коңшу көп кабаттуу үй көрүнүп турчу. Жатканымда үйдүн крышасы гана көрүнчү. Кичинемден атам үйрөткөн куранды билчүмүн. Туруп куран окуп койсомбу деп жатсам, коңшу тамдын крышасынын үстүндө баягы кара кийимчен киши мен жакты колу менен көрсөтүп туруптур. Ишенбей эле, айнекке жакын келип, карасам, 12 кабаттуу үйдүн крышасында, түндө, шамалда узун плащын желбиретип туруптур. Аябай катуу коркуп кеттим. Айрыкча колун мен жакка кылып, «Мында кел» - дегендей белги менен мени чакырганда, муунум шыркырап эсимди жоготуп коюптурмун. Азыр болсо, турсам-бассам оюмда. Ойлой бергенимеби? Айтор, түшүмдө да кирчү болду. Түнү менен уктабай, качып чыгам. Акыркы жолу подъезден көрүнгөндөн бери алты жарым килограммга арыктай түштүм. Аппетитим жоголуп, кыйналып кеттим. Бул киши өлгөн бирөөнүн арбагыбы же азыткы – албарстыбы? Же ойлой бергениме башыма кирип калып көзүмө көрүнүп жатабы, билбейм. «Галюцинация» - деп, ишенбейин десем, минтип көрүнүп жатса... Анын үстүнө Бишкектеги бөлөмө да көрүнбөдү беле. Мени алдыда эмнелер күтөт, билбейм. Кудайдан жакшылыкты тилеп эле олтурам. Эмнеси болсо да аман-эсен болоюн дейм. Бул, кара кийимчен киши качанга чейин көрүнө берет, бир кудай гана билет! Баарыбыз аман бололу. Кеңеш бергендерге ыракмат айтам. Жолдиев Жолдошбек, Баткен облусу.


НУР

реклама

№ 02 (20) / 2011

www.presskg.com

Айчүрөктүн «Ала-Тоо» периси май айында өткөрүлөт

08

Эрлан жубайы менен танго бийлейт

КРнын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева март айында «Ала -Тоо периси» аттуу конкурс уюштурмак. Январь айында болгон жеке концертине катуу даярданып жүрүп, аябай чарчагандыктан, бул долбоорду май айына жылдырган. Эми май айында болчу «Ала -Тоо» периси аттуу конкурста биринчи орунга 100 миң сом, экинчи орунга 50 миң сом, үчүнчү орунга 1000 сом байге коюлган экен.

р а д з ы д л Жы нөсү й ү д

Ырчы Эрлан Андашев «Мистер шоу бизнес» долбоорунун финалына катышарын уксаңыз керек. Калган 9 мырзадан айырмаланып, Эрлан мырза бий сынагына келинчеги Перизат менен танго бийлеп чыгаары белгилүү болду. Учурда, тынымсыз бийге даярданып жаткан жуптардын үй-бүлөсүндө жакында эле жакшы жаңылык болуп, жеңебиз Перизат, комузда кол ойноткондугу үчүн Президенттик стипендияга арзыса, андан калбай Эрлан «Мистер шоу бизнестин» финалына чыкты.

Сема бизнес менен алектенип… Бир аз эс алуудан кийин Сема мырза кайрадан чыгармачылыгына билек түрө киришүүдө. Бир нече ырларды жаздырып бүттүм, алдыда дагы чоң-чоң пландарым бар, аларды ишке ашырууга аракет кылам. «Буга чейин жеке бизнес менен алектенип жүрүп, чыгармачылыктан кичине арттап калдым» - деген ырчы учурда «Бири куудул бири ырчы» ж.б дагы бир нече проектилерге катышып жатканын билдирди.

Тата Уландан жаңы клип Кыргыздын этно-акыны Тата Улан башка ырчылардан айырмаланып, кыргыздын көйгөйүн чагылдырган бир нече ырларды жаратып келгени жалпыбызга белгилүү. Алардын арасында, «Карындашым», «Баары бир», «Алча» ж.б ырлары бар экенин билебиз. Эми ошол «Карындашым» аттуу ырына жараштырып, жаңы клип тарттырып коюптур. Кыргыздын кыздарына күйүп-бышкан жигиттин жаңы клибине эми массалык -маалымат каражаттарынан күбө боло аласыңар.

Замир кыздуу болду «Жар-жар» аттуу ыры менен үйлөнүү үлпөт тойлордун көркүн ачышкан кош жылдыздар Эллада менен Замир кыздуу болуп, кубанычтары койнуна батпай турган учуру. Таңкы саат алтыда, Бишкек шаарынын экинчи төрөт үйүндө Эллада көз жарды, ымыркайдын салмагы 3кг 300гр. Наристенин жытына мас болгон жубайлар ымыркайга мусулман ысымынан ыйгарабыз деп турган чактары. Наристенин келечеги кең болсун деп, эки жашты кызуу куттуктайбыз.

Бекчоро концертке кызуу даярданууда Жакында боло турчу «Мистер шоу бизнес» аттуу концертке алдыга озуп чыккан он ырчы эми финалдан ат салышмакчы. Алардын арасында өзгөчө стилдүү Бекчоро да бар. Ырчы атаандаштарынан айырмаланып сынакка кызуу кам көрүп жаткан кези. «Бизге «аскердик милдет», «акыйнек», «жаңылмач» жана «бий» -деген төрт тапшырманы беришти. Азыр бир гана ошол концертке даярданып, өзүмдүн күчүмдү сынап көрөйүн деп жатам»-дейт ырчы.

Лутфилла эми «диний» ырларды ырдайт Жаш ырчы Лутфилла атасынын өтүнүчү менен эми жалаң диний ырларды ырдап чыкмакчы. «Быйыл атам ажыга барып келгенине байланыштуу, мени Алланы мактаган диний ырларды гана ырдап чык деген сунушун киргизди, мен элдин баласы болгондуктан, «дин» темасына арналган ырларды ырдап чыгууну туура көрүп, атамдын сунушун четке кага алган жокмун», - деген ырчы Өктөмбай уулу Дүйшөнбек ажыга кайрылып, «Адам бол» деген ыр жаздырганга жетишкен. Буюрса, бул ырды жакында элге тартуулайм деп турган чагы.

Назира Искендерден темир тулпар белекке алды Көгүлтүр экран жылдызы Назира Айтбекованын тилинен гана чаң чыкпай, иштеген ишинен да чаң чыгып учурда Замана студиясында эмгектенип жаткан учуру. 14-февраль сүйүшкөндөр күнүндө Назира айымдын жолдошу Искендер «HONDA CRV» үлгүсүндөгү темир тулпар белек кылып, Назираны дагы бир ирээт сүйүнттү десек болот. Эми теле алып баруучу жөө жүрбөй, темир жоргосу менен кайкалап гана жүрмөкчү.

Бетти даярдаган: Айназик Бердалиева


09

ЫР САПТАРЫ

№ 02 (20) / 2011

Москва кайрыктары Кел жигиттер, тирек болуп Мекенге, Көтөргүлө Кыргызстандын желегин. А мен болсо атыңардан силердин, Айымдарга куттук айтып берейин Оо энелер, асылдардын асылы, Жүрөктөргө жакындардын жакыны. Куттуу болсун 8-мартыңар! Майрамдоого ар бир эне акылуу. Кайда жүрсө жүзүнөн нур төгүлгөн, Улуу элдин урпак улаар кыздары. Кут болсун деп 8-мартыңар, Куттукташат жигиттердин бүт баары.

Куттуу болсун 8-мартыңар! Бүгүн майрам, келди жаздын илеби, Сезди бекен аны жигит жүрөгү. Мейли достор, кандай болгон күндө да, Жүз көрүшүп, аман-эсен жүрөлү.

www.presskg.com

Эске албайт неге бизди дебеңер, Куттуу болсун майрамыңар жеңелер! Силер менен жашоо чыгып көркүнө, Силер менен көшөгөңөр көгөрөр.

НУР

реклама

Бул дүйнөдө Ааламда бардык нерсе жашап келет, Кайгыда, кубанычта өмүр сүрөт. Кайгыга алдырбастан жеңе билсең, Өмүрүң кубанычтуу болуп өтөт.

Жаз Айланага көрк берип, Түрдүү гүлдөр жайнаган. Бүчүр бүтүп даракта, Түрдүү куштар сайраган.

Адамдар таразадай тең эмес, Бири жакшы, бири жаман болуп келет. Жакшылар жакшылыкты көздөп жүрсө, Жамандар жамандыкты издей берет.

Келди куштар кайрадан, Өз жайын таба баштаган. Козу улак жүрөт карачы, Секирип жаны тынбаган.

Бул дүйнө чынбы же калппы билбедим, Чындыкты бул өмүрдөн көп издедим. Чын айткан адам барбы бул дүйнөдө, Көп жүрүп мындай жанга кездешпедим.

Жадыраган бул күнү, Байчечекей жайнаган. Аялдардын майрамы, Жазда келет кайрадан.

Майрамга деп дасторконду жайнатып, Не бир сонун арзуу тилек айтылар. Анда эмесе асылзаада айымдар, Да бир ирет куттуу болсун мартыңар!

Алтынай Эмил кызы, Таластан тел: 8-965-139-56-14

Айжан Мамасадыкова 8-925-780-36-76

Ай, жылдыздар, күн калар бул дүйнөдө А бирок калбайт экен адам заты Улантат анын ишин башка пенде Ошондуктан дүнүйө дешет дүнүйө Бул дүйнөдө жолунан адашкан бар Чындык издеп таламын талашкан бар Бул жашоонун кубанычы, кайгысы бар Ошондуктан дүнүйө дешет дүнүйө

Бир тууганым Дүнүйө Дүнүйөгө келгенден соң жаралып, Дүнүйөнүн даамын тартып жатабыз. Дүнүйөгө бирөө келип, бирөө кетет, Ошондуктан дүнүйө дешет дүнүйө

Бир тууганым, бир боорум Башыма конгон бакытым. Дүйнөдөгү баа жеткис, Алтындан да асылсың. Бир тууганым, бир боорум Жарык берген күнүмсүң Назик гүлдөй ачылган, Жашоодогу айымсың

Дүнүйөдө жакшысы да, жаманы да, Ачуусу да, таттуусу да болот экен. Адам заты мейман болуп кетет экен Ошондуктан дүнүйө дешет дүнүйө

«Кыргыз биримдиги» коомдук уюму Москва регионунда жашап, эмгектенип жүргөн Кыргызстандык Апа-энелерибизди, эжекарындаштарыбызды келип калган 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктайбыз ! Сиздерге ден - соолук, ынтымакчылык, биримдүү кайрат каалайбыз. Кыргыз жигиттери сиздер менен сыймыктанат Кыргызстаныбыздын байлыгы сиздерсиздер! Сиздер үчүн Айталы Жандаровдун ырын тартуулайбыз:

Токтосунова Тахмина, Базар-Коргон №24 - мектеп

Башкаларга кул болбойлу

Ата-эне

Кайда калкы кыргыз элим ынтымагың, Кайда калды кыргыз элим ата салтың, Кайдагы бир ичимдикке берилишип, Кыргыз элим каада- салтың таштап салдың.

Жарык берип нуруң чачып, Жараттыңар силер бизди. Түнү бою уйку көрбөй Карадыңар силер бизди

Топ-топ болуп көчөлөргө жыйылышып, Бирин-бири төпөстөп уруп жатат. Арак деген ачуу суудан жутуп алып, Топ-топ болуп митингге чыгып жатат.

Биз чоңоюп кадам шилтеп, Биз чоңоюп билим алып Силер кылган мээнетиңди Ата, апа биз актайбыз.

Эгер ушул митингдерди токтотпосок, Кыргыз эли бул дүйнөдө калбай калат. Ошондуктан тополоңду токтотолу, Кыргыз элим,башкаларга кул болбойлу!

Мен тилеймин жараткандан Ата-энеме өмүр бакыт Ар убакта жүздөрүнөн Кубанычтын нуру тамсын.

8-мартка Энеке куттуктаймын майрамыңды, Карч урдун балдар үчүн кара жанды. Чоңойттун баарыбызды азап менен, Тосконсун кирпик какпай аткан таңды. Энеке куттуктаймын майрамыңды, Кол жайып бизге берген ак батаңды. Жылдарды санасам көп жыргал эле , Жыпжылуу алаканын таптасамбы.

Токтосунова Нурсулуу, Базар-Коргон №24 - мектеп

Эжеке куттуктаймын майрамыңды, Жетелеп эртең бирге балдарыңды. Сен дагы эне болуп мээриң төгүп , Бир үйдүн куту болуп калбадыңбы. Карындашым куттуктаймын майрамыңды, Уул-кыз төрөп өстүрүп балдарыңды. Жакшы бүлө аталып барган жерде, Сүйүнүч куру чачсың жамалыңды. Кыздарым куттуктаймын майрамыңды, Бактыңды канатыңа байладыңбы. Наз менен толукташып тилектериң, Урматта келечекте алганыңды. Куттуктайм беттен сүйүп сүйгөн жарды, Урматы жыргатып да койгон жанды. Мен үчүн бакыт терип түбөлүккө, Тирүүдө менден артык жашоо барбы?!

КУЛАКТАНДЫРУУ Москвадагы Нур реклама гезитинин, «Москва кайрыктары» бетине ырлары жарык көргөн калемгерлерибизди, «Нооруз-2011» майрамына карата "Поэзия кечесине" даярдык үчүн редакциябызга кайрылууңуздарды суранабыз. «Нур реклама» гезитини администрациясы, Тел: 8(926) 738-53-54 e-mail: nurgazeta@mail.ru


НУР

реклама

ЫР САПТАРЫ

www.presskg.com

Москва кайрыктары

№ 02 (20) / 2011

10

Азиз сезим жогору кете берсе, Акыл жолун акча деген тебелесе. Ар бир бузган мыйзам жаза болот, Абийир сотун ойлоп зирек кеңешпесек. Оңой олжо издесең ал куюлбайт, Оомат кетип урпагына буюрбайт. Ак жүрөгүң эл дилине дал келсе, Адал эмгек татаалдыгы туюлбайт. Эр жигит эл тагдырын ойлогула, Кыргызстандын келечегин оңдогула. Кыйын кезде жарык жол ачса, Мекен үчүн күйгөндү колдогула.

Чет жердеги кыргыздарга Адамдык ички дүйнө эки башка, Азамат уул көтөрөт эл тарапта. Байлык.Амал душман болот, Батасыз акыл-күчүң жардыланса. Адам менен акчанын ортосунда, Согуш жүрөт атаандаш колдоосунда. Салмактуу жашоодо мыйзам ыйык, Сезбесең жабыр тартат толтосунда. Акыл нугу алсыз болсо өзөктө, Айнек мээге өткүр курч сөз өтсө. Азем эргүү, кыял ойлор чабыттап, Адат наркты аракетте өзгөртсө. Коом өсөт арылар кара тумандан, Карасанатай кара өзгөйлөр арадан. Каргашаны алып келген турбайбы, Көрө албас менменсинген талаадан. Бийлик талаш оорусунда окчолуп, Бейкапар момундар кордук көрүп. Баарлап, жыргап жакындары күн көргөн, Бейкам, качкын башчыларды өткөрдүк.

Саргарып сагынычтын күүсүн чалып, Саймадай сулуу жерден алыс калып. Сапарда бөтөн жерде биз жүрөбүз, Сапырып акча деген дүйнө алып. Ала-Тоо кыргыз элге өтө ыйык, Бабалар ээлеген жанын кыйып. Барктабай кайрылбастан кетип калсак; Урпактар уу алат сыйын тыйып. Ааламдын дүйнөсүн уучтап турсаң да, Асманга колуң жакын сунсаң да. Алтын зар ара болбос бир ажалга, Жер кучактайт байлыктан чеп курсаң да. Артыңда эч өчпөс атың калсын, Ата-журтта түбөлүк ордун тапсын. Ала-Тоого ордо куруп иш орун ач, Айланам элим тентибей кайра кайтсын. Ала-Тоо жаркырап кучак жайсын, Акыйкаттын апакай нурун чачсын. Ата-Мекен эч жерден табылбайт, Адилет бийлик даамын элим татсын.

Кайтарылбаган махабат Сени сүйдүм, сен аны, ал сени, Кайтарып сүйгөн жоксуң, сен мени. Эми сени күтө албайм, түшүн мени, Өмүр бою чарчаттың, күтүп сени.

Мейли тагдыр, байлап койсо сени ага, Балдарыбыз байлап салган сени мага.

Далай тороп, астыңдан кетирбей мени, Жалдырап ыйлай берсем, түшүнбөй сени. Сен кеткенден ошол күндөр тозок мага, Кубанычтуу күндөр болчу сага-ага.

Кайда болсоң аман болчу деги сен, Карааныңды көрбөсөм сагынам мен. Барбай калсаң, кайра чалат ал, Телефонду тиктейбиз баарыбыз тең.

Ар жолу кетээриңди сеземин мен, Кармай албайм, кетчи деги чарчадың сен. Аяп кетем, ыйлап турсаң карап сени, Өзүңдү курман кылба, аяп бизди.

Сүйүүнүн эмне экенин түшүндүрдүм мен, Кыйналдың, курманы болдуң жалгыз сен. Ортобузта тагдыр менен ойноп ал, Кыйнадык, балдарды ойлобой тең.

Эстечи мен сүйгөндөй, сүйбөйт сени, Кадырыңа эч ким жетпейт, түшүн мени.

Дайранын шоокуму алыстан, Кулакка жагымдуу угулат. Тынч койбос чымынды чиркейди, Төрт көз ит кээде өтөт сугунуп.

Өктөм Мамаева Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү. Санкт-Петербург Тел: 8-981-820-84-76

Эшикте кемпирлер отурат, Күнүмдүк түйшүктөн кутулат. Эрке Апыш энесин чакырат, Балдарга чүкөсүн уттурат.

Ата- энеме Алтын апам карааныңдан кагылайын, Куса болуп, бал сөзүңдү сагынамын. Өмүр тилеп, кудайыма жалынам, Атам менен алтын апам байлыктарым.

Адаттан жанбаган жолбун ит, Ак боз үй тарапка жүгүрөт. Сааганы уйларын чакырып, Жеңелер жеңдерин түрүнөт.

Күлүп сүйлөп жароокерсиз өзгөчө, Башкалардан артыкчасыз бөлөкчө. Сыйлап келем мага кылган мээнетиң, Актаймынбы өмүрүм менен өктөнчө.

Береке жайлоодон башталат

Боз айгыр үйүрүн имерет, Ач кулун чөп жулат бурдугуп. Ак торпок мемиреп жуушаган, Ай нурун жонуна кондуруп.

Туташып шибер чөп дүпүйөт, Калың бак жардана күпүйөт. Молдолор таң азан чакырып, Кошуна айылдан ит үрөт.

Чоң өтүк кийинген жигиттин, Кадамы колбаат ташталат. Пейили элимдин төгүлүп, Береке жайлоодон башталат.

Сагынычым алтындарым ата-энем, Бар болгула, кудайымдын ичи кең. Көп жашап, урмат-сыйды көргүлө, Заманыбыз, Кыргызстан тынч болсо экен.

Кыргызымдын жигиттери Ак калпактуу кагылайын кыргыз элим, Кайда болсом, сыймыгымсың дайым менин. Бек тутуп ар намысты азаматтар, Туубуз биздин желбиресин көтөр элим. Мелдештерге катышып, карап турбай, Көтөрөт атак даңкты эч талыкпай. Азаматсың кыргызымдын жигиттери, Ураан айтып «Манастын» атын атай. Өз элине тийсин дайым жардамың, Сыймык менен арышпагын кадамың. «Кыргызстан» - биздин өлкө, алга – деп, Туу көтөрүп, кайратыңдан жазбагын.

Токтогулова Гүлназ, Кеминден 8 (926) 385-54-51

Нуржамал Айтбаева Кара-Суудан Тел:8-926-196-77-50

Чүчкүрүп эчки улак кез-кезде, Көк үйдүн онтоосу угулат. Кумарлуу бул жандын күүгүмү, Бейиштей керемет туюлат.

«Энекем» Тоодой болгон тоскоолдорду сезбестен, Кайраты күч доор менен ширешкен. Энекем бар ага, Эч ким тең келбеген. Энекем акылыма кошот дары, Сүйүнөт ал сөзгө жүрөк каны. Дайыма жүзү жарык энекем, Көңүл толкуйт айткандарың эстесем.

Каримова Бактыгүл Сооронбаевна

Алыс болсом энекемди сагынамын, Жете албайм, а бирок ыр жазамын. Жакшы жүр кызым деп тарбиялаган Келечекте мен боломун жакшы адам. Энени кадырлайлы сыйлайлы, Энеге кыянат эч кылбайлы. Багып келген кичинеңден алдейлеген, Бул дүйнө бүгүн да эртең да. Дариха Бусурманкулова Өзгөндөн Тел: 8-929-944-97-37


11

№ 02 (20) / 2011

ЫР САПТАРЫ

www.presskg.com

НУР

реклама

Азгырылба шайтанга Ассолому алейкум, адамзат Туура жолуң издеп тап. Малынып калба жаманга, Азгырылба шайтанга. Ар убак шайтан жаныңды, Азгырат сени дайыма. Алданып калып шайтанга, Калбагын алоолонгон жалында.

«Адам» - деген, ар нерсени башкарат, Керек болсо, арстан-жолборс жалтанат. Эли үчүн, жери үчүн жан берүү, Бул-улуу иш, билгендерге ардак-даңк. Жамгыр да жаайт, кар да жаайт, басылат, Адамсың сен, ойлонгунуң азыраак. Бул-дүйнө, келди-кетти дүнүйө, Кербен сарай өңдөнөт, туюлат.

«Адам-деген» «Адам» - деген жалгыз эмес жалпы ат, Ушул сөзгө жакшы тилек айтылат. Ушул сөзгө кошуп койсоң тагдырды, Түркүн турмуш, түркүн тагдыр айтылат. «Адам» - деген, чоң турмуштун башаты, Ар пенденин ар кыл болот жашоосу. Жерин саткан, таштай качканкандык, Таштайлычы! Мындай жаман адатты.

Тагдыр өзү, чоң турмуштун күбөсү, Бала көрбөй боздоп жүрсө бирөөсү. Төрөт үйгө таштап кеткен мындан көп, Наристени төрөп алып, күйөөсүз. «Тагдыр»-деген чоң тема, роман, Бир ыр да кантип айтып коё алам. Акчаны, адамзаттан улук көргөн, Өзү-бул, кандай жашоо, кандай заман! Маматжан Парпиев (Маки), Майлы-Суудан тел. 8 (905) 734-96-31.

Бул намаз мойнуңдагы фарз жүгүң, Окуп алсаң жеңил болот ал күнүң. Шылтоо айтпай намазыңды окугун, Өлүм келсе эмне болот ойлонгун. Өлүм деген баратам деп кайрылбайт, Өлүм келсе эч нерсеге карабайт. Өмүрү өтүп ажалы жеткен адамдын, Балдар барып казып калат кабырын.

Сабырдуу бол, боорукер бол, анткор болбо, Ар адамдын тамагын жеп, ашкор болбо. Сабырдуулук жакшы жолдун белгиси, Сабыр кылсаң сары алтын сеники.

Кабырыңдын нур болуусун кааласаң, Мойнуңдагы фарз жүгүңдү аткаргын. Намаз окуп фарз жүгүңдү аткарсаң, Кенен болуп нурга толот кабырың.

Каныбек уулу Мухаммед Кара-Кулжадан Тел: 8-926-350-40-52

Жылдызым элең көктөгү, Жарыгы анын өчтү эми. Жаңылдың жаным, жолуңдан, Жашыңды мага төкпөчү. Кете бер сага таарынбайм, Көзүмдөн жашым агызбайм. Кылганың болду себепкер, Келбегин, эми сагынбайм.

Жаным сенсиң жалгыз менин берекем, Жолукканда болоюнчу көлөкөң. Ырларымдын баркын биле жүрөрсүң, Мени колдоп, арсыз байкуш дебесең. Кылыч Токторов Кара- Суудан 8-926-927-96-19 Абаке айтыңызчы балдарыңды, Тапшырып эми кимге таштап кеттиң. Чыркырап жаның учуп дүнүйөдөн, Кайрылып кайтып келгис жайга кеттиң.

Жолдиев Жолдошбек, Баткенден, 8 (929) 928-29-66

Жайкалтып ак сакалын нарк сүйлөгөн, Кары адам айтчы бизде качан болот Каргышка калды беле биздин тукум, Ашса эле элүү жаштан ажал сорот.

Ширеси тамат өрүктүн, Тазасы сенде сүйүүнүн. Дүйнөмө жарык шаң берген, Жыпарын искейм, Айгүл гүлүңдүн.

Бойлосом басып көлүңдөн, Бакытым издейм өзүңдөн. Жүзүңдөн сенин бир сүйүп, Сыласам чачтан өрүлгөн.

Алып барат шайтан сени аракка, Ичип алсаң кабыласың жаманга. Ичип алып көрүнгөн менен урушуп, Томсоруп олтуруп калба камакта.

Жаным сага ак болууну самаймын, Башта сыйлаган сапаттыңды баалаймын. Мейли кандай өзгөрүштөр болбосун, Мен өзүңө чындык менен караймын.

Кызганчу элем сени мен, Кымбатым элең периштем. Кызгануу турсун карабайм, Кетирем келсең эшиктен.

Баткендик сулуу перисиң

Ичпегиниң сууга окшогон аракты, Ичип алса бузуп коет адамды. Ичип алып талкалайсың үйүңдү, Ата-энеге көтөрөсүң үнүңдү.

Ак ийилет убактылуу бирок сынбайт, Ашыктык алоо сүйүү мени кыйнайт. Кечиргин күнөө менде, колдон келсе, Муңканып ичтен сызып, жүрөк ыйлайт.

Кубанычтуу күн калды, Күтпөгөм сенден мындайды. Күлкүңдү эми унутам, Жүрөктү басты муң-кайгы.

Жалынба эми кеч болду, Жабышып башканы тандадың. Жаным неге алдадың?

Карып калдым тилим келбейт намазга, Деп айтышат карылыккка баргандар. Окуп алам алтымышка барганда, Деп айтышат түшүнбөгөн адамдар.

Ак ийилет

Жаным, неге алдадың?

Жаным мени алдады, Жактырбаймын андайды. Жашырып жүргөн өнөрүң, Жарыкка чыгып кармалдың.

Жалган дүйнө өтө берет билинбей, Сен жүрөсүң туура жолуң билгендей. Камындыңбы чын жашонун башына, Камынбасаң камынып ал жашыңда.

Татына жүзүң жаркыным, Суктанам сага ашыгым. Маралдай болуп керилген, Сулуусу өрүк зарымдын.

Аталап ыйлап калган уул-кызыңдын, Армандуу алсыз үнүң уктуң бекен. Көрөбүз бешенеге жазылганын, Жаннатттан орун алсын учкан жаның.

Туткунум жүрөк төрүмдүн, Жыргалын сүргүн өмүрдүн. Агылат таттуу тамчы сөз, Даамыны татсам жүзүмдүн.

Сагынганда көрүшсүн деп жакындарың, Ак булутка айланды курган жаның. Бук болгондо көрүшсүн деп жакындарың, Булут болуп кеттиби асыл жаның

Тартылып көзгө элесиң, Каректен кетпей келесиң. Толкутуп жүрөк жай кылган, Баткендик сулуу перисиң. Ташмурзаев Тайир, Айдаркенден 8 (905) 509-09-35

Сабырбек абама Кош абаке, топурак сала албадым, Айла кетти не кылам алыстамын. Туурунан бүркүт качты дегенди угуп, Жүрөк сыздап күйүп турдум ичим жалын. Бөқсөрүп толбос болуп калды ордуң, Жетпеди тилегиңе сунган колуң. Абалап сизди арка тутчу элек, Куладыбы биз көтөргөн ыйык желек.

Улан Болотов Түптөн тел: 8-926-042-21-28


НУР

реклама

www.presskg.com

ЖАН ДҮЙНӨ

№ 02 (20) / 2011

Биз билгенден биле элек көп демекчи, адамга өмүр бою маалымат жетишпейт. Анан дагы беш манжа тең эмес болгондуктан, ар жерде биз билбеген шумдуктуу көрүнүштөр болуп келет. Бул жолу, дүйнөнүн төрт тарабындагы төшөк маселесине чукул кызыктуу көрүнүштөрдү, кызыктуу фактыларды чагылдырууга аракет кылдык.

н е д н е г л и б з и к Б е л э е л и б … р е л е с р не

12

бүтүрбөөнүн аракетин кылып келишкен. «ме кра кет джа» деп аталган өсүмдүктү кайнатып туруп, белгилүү өлчөмдөгү суюктукту ичип койсо, бойго бүтпөйт экен. Ал эми тескерисинче тукумсуздуктан жапа чегип жүргөн түгөйлөр үчүн да «ме ту жар джа» деген атайын өсүмдүк бар. Таң калыштуусу ушул өсүмдүктү кайнатып ичкен аял эмчинин жардамы менен гана балалуу боло алган. Алгач «ме ту жаро джаны» коюу кылып кайнатып, аялдын денесине шыбап чыгышкан. Андан соң булактын суусуна жуунтуп, ошол жерде энеден туу-

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

- Адистердин айтымына караганда эркектерди дүүлүктүрүүчү жыт – лаванда менен ашкабактын кошулма жыты. - Кээ бир аял затынын эрендиктен аллергиясы болот. Анткени, эркектин актыгы аялдын жыныстык мүчөсүн кычыштырып кыйнайт. - Эркектер өзүнүн жашоосунда орто эсеп менен айтканда 17 литр эрендик бөлүп чыгарат. - Чылым чеккен эркектерге караганда, чылым чекпеген эркектер жыныс мүчөсүн таза кармашат экен. - Кээ бир аялдардын сексуалдык каалоосу боюнда бар кезинде же айыз убагында эки эсе күч алат. - Аялдардын клиторунда 8 миң нерв чокулары болот. А эркектердикинде болсо, аялдардыкына караганда эки эсеге аз болот экен. Ошондуктан аялдардын оргазмы эркектердикине караганда күчтүү болот. - «Порнография» деген сөз байыркы грек тилинен которгондо «сойкулардын каты» дегенди түшүндүрөт. - Дүйнөлүк статистика менен алганда эрендик боюнча донор болгондор жылына 4-5 миң америка долларын табышат. - Эрендиктин курамында адамдын организмине пайдалуу болгон 30 микроэлементтер бар. Алсак, фруктоза, аскарбин кислотасы, туз, холестерол, виЖАНЫБАРЛАДА: тамин В12 жана ферменттер. - Эрекция учурунда эркектердин жу- Пилдин сперматозоидине карамурткалары 50 пайыз чоңоёт. - Аялдардын 30 пайызы 80 жашка ганда чычкандыy сперматозоиди узун чыкса дагы өзүнүн өнөгү менен жыболот экен. ныстык катнашта боло алат. - Жаныбарлардын арасынан эң тез - Эркектер арыктаган сайбүткөн кошулуу боюнча шимпанзе рекорд ын, алардын алигисинин коёт. Анын кошулуу мөөнөтүнүн узундугу көлөмү да кичирейе баштайт. 3 секунд.

- Жирафтар менен үндүктөрдүн көбү бисексуалдар болушат. - Балыктар адамдар сыяктуу эле оралдык кошулуунун да даамын татышат экен.

С

улуу денеге кызыгуу эң күчтүү лаззаттык эңсөөгө алып келет. Байыркы Индия элинде ыйык сүйүү жана жыныстык мамилелердин ыкмалары жөнүндө «Шабдаалынын гүлдөрү» деген керемет чыгармаларды жаратышкан. Көрсө адам үч нерсеге өтө кызыгат экен. Акылга, жан дүйнө жана сулуу денеге. Сулуу денеге кызыгуу эң күчтүү лаззаттык эңсөөгө алып келет. Жан дүйнө кенен болсо досчулукка, акылы күчтүү болсо кадыр-баркка ээ болуп ушул үчөө бириксе чоң сүйүү жаралат тура. Дагы бир кызыгы Индия жеринде таштан жасалган миңдеген эркектердин пенистерин (жыныс мүчөлөрү) жана аялдардын жыныстык кындарын ар бир шаарларынан жолуктурууга болот. Индиялыктар - эркек менен аялдын жан дүйнөсү болгон бул сүйүү органын, турмуштун түгөнбөс булагы катарында сүйкүмдүү кабыл алышат.

Дүйнө кызыктарга абдан бай Мындан 1400 жыл мурда Араб өлкөлөрүндө шейх Нефазави жазган «Жыты аңкыган бактар» чыгармасында лаззат турмушундагы аялдардын айлакерлигинен, куулугунан кантип сактаныш керек экендигин жана бою кичинекей эркек менен бою узун аялдардын, аябай семиз аял менен эркектин жана майып мунжу болуп калган кишилердин ортосунда болуучу лаззат кумарынын ыкмаларын атайын жазган. Дүйнө кызыктарга абдан бай. XII кылымда адамдар жыныстык мамилеге кызганчаактык кылышып, аял эркектин ал жагын бекем бекитип коё турган бел курчоолорду ойлоп таап, аны азыркы убактарга чейин колдонушат.

«Пайшамбалык» салты Эркектер негизинен ар дайым демилгелүү, башкача айтканда улуу иштин илгерилешине жол ачканы, анын узактыгы

нерв системасынын тибине, турмуш шартына, тамактануусуна, акыл-эс руханий абалына байланыштуу. Денелери тийишкенде , өбүшүүдө, кучакташууда эркектер тез дүүлүгөт. Аялдар бир аз жайыраак. Мындайлыгы алардын жөн гана табияты. Ошондуктан жупташкан жубайлар ортосунда оргазмдын ар түрдүү учурдагы мезгилдери байкалышы мүмкүн. Бир бул нерсе оору эмес, бара-бара өз нугуна түшчү психологиялык процесс. Илгерки элибиздеги «Пайшамбалык» салтында жыныстык катнаш жасоочу маалдын так сакталганы жөн жай жерден эмес. Бул биринчи кезекте жогоруда биз айтып кеткен психологиялык даярдык, сагынуу, эңсөө, күтүү жана жупташууга даярданып, тазаланып ошондой эле төшөк ордунун таза болушу. Бир сөз менен айтканда бул мамилеге биринчи жолу бараткандай маани маңызын көтөрүү. Эс алчу бөлмө чала жарык кылынган бөлмөдө өткөнү дүүлүгүүгө оң таасирин берет. Мас абалда бул ишке киришүү эркекке да, аялга да зыянын тийгизбей койбойт. Алкоголдуу урукту түшүрүү эркек үчүн да зыян, экинчиден аялдарды түрдүү жыныстык ооруларга алып келүүсү мүмкүн. Мындай урук менен камсызданган аял тез карыйт. Эркек канчалык таза азык-түлүктөр менен тамактанса, ошончолук таза касиеттүү урукту аял кабыл алат. Акыл эстүү аялдар күйөөсүнүн эмне жеп жатканына зор көңүл бөлөт, анткени анын жемишин өзү терет.

Бойго бүтүрбөөнүн амалы Кайяпо уруусунун амалкөй айымдары табигый чөптөрдүн жардамы менен бойго

ма жылаңач болуп уктаганга туура келген. Эгерде аялдын түшүнө кичинекей ымыркай кирсе анда ал сөзсүз балалуу болгон. Кайяполордун дагы бир кызыктуу салты кыздар жетиле элек кезде күйөөгө узатышып, жыныстык жашоого балдарын кичинекей кезинен эле үйрөтө башташат. Ал эми кыздар этек кири келе электе эле турмуш жолуна аттанышат, айызы келгенде ич кийим кийбегендиктен бат-бат сууга түшүп турууга аргасыз болушат. Бул уруунун ичинде аялы менен күйөөсү бири-биринин көзүнө чөп салып, ала жипти аттап жүргөнү кадимки эле көрүнүштөрдүн бири. Эгер аял кааласа бир эле убакта беш-алты эркек менен жыныстык катнашка барууга толук акысы бар. Бирок, мындай учурда бойго бүтпөш үчүн «ме кра кет джа» ичип алуусу мүмкүн. Бул өсүмдүктүн кубаты ушунчалык күчтүү болгондуктан, такыр бойго бүтпөй калуусу да мүмкүн. Ал эми күйөөлөрүн кызганган амалкөй аялдар «меми рек джа» өсүмдүгүн тамакка же сууга кошуп берип коюшат. Натыйжасында эркек алсырап, жыныстык катнашка бармак тургай, көзүн ирмегенге да алы келбей сулк жыгылат.

Эң биринчи жынысын өзгөрткөн аял Америкалык Кристина Иоргенсен 1952жылы эң биринчи жынысын өзгөрткөн адам катары тарыхка кирген. Анын мындай жоругун албетте тегерегиндеги адамдар жек көрүшкөнүн түшүнүүгө болот. Анын үстүнө операция да ийгиликтүү өткөн эмес. Жыныс мүчөлөрүн алмаштырганы менен бетиндеги тырыктар менен тигиштер бүтпөй ошол бойдон калган. Жыйынтыгында ал сексуалдык жактан рахат албай жашоосу бир тутам болуптур. Анын мындай абалын эндокринологдор операция учурунда Кристинанын сезгич ткандарына көп күч келгендиги менен түшүндүрүшкөн. Кумар Жан


13

№ 02 (20) / 2011

www.presskg.com

НУР

С К А Н В О РД Темир усталардын колдоочусу

Мүнүшкөр таптайт

Бычылган кочкор

Ак сөөк «Ээсин сыйласаң Бышпа...сөөк ган ташта»

Сиркенин «энеси»

Чычкан түрү

Нефтепродукт

Жемиш

Шылуун, амалкөй

Католиктердеги поп

Казак айылы

Факуль- Карактет баш- чылар кемеси чысы Эзелки (син.)

Оркестридин биринчи кыягы

Айболиттин ити

Балл

Пивнушка

Кузов түрү

Таң эрте

Жанна , д ...

Синтетика пахтасы

Чындык

«Наутилус» капитаны

Көк, асман мейкини

Зитанын түгөйү

Швед физиги

Музыкалык агым

Спорттук бут кийим

Далай-...

Индиядагы ыйык дарыя

Сибирдеги дарыя

Үйрөтүлбөгөн ат

...Тернер

Эквадор борбору АКШ басып алган мамлекет

Бир нерсенин көчүрмөсү, же окшош

Стереонун жарымы

Аскер бөлүгү

Ок атуучу жай

Доо арыз

Бюстгальтер

Кездеме

Роберт де ... Көлөмдүү, алп, чоң

Бокс аянты

Нота

Суу унасы

Кеме тормозу

Амал, иле

Ырчы... Таалайбеков

Киноре...Пуга- жиссер чева ...Арым Кубат

Карышкырларга жем болгон кыз

Пушкинди өлтүргөн

Чиркөөдөгү жез кружка

Сараң

Ала-... ашуусу

Тик учак маркасы Оратор Маймылдан адам жараткан окумуштуу

Тара

Жука пальто

Тамаша Тоо чокусу

Абу Али... Сина

Топ өсүмдүк

Автобус маркасы

Назарбаевдин аялы

Жаз айы

каршысы

Уйдун эмчеги Акча берүүчү адам

Аскер башкармалыгынын органы

Актын Казак дарыясы карама-

Латвия борбору Жип ийрийт

Кулжанын түгөйү

Сүт Үсөндүн шериги тартуучу машине

Алебастр

Германиядагы дарыя

Моргдо иштөөчү медик

...Жангарачева Жарма сыяктуу суусундук

Түштө берет

Коркутуу

Суроожооп баракчасы

Васко да ...

Спектакль бөлүгү Бий кадамы

Жаңжал

Истребитель

Узак

Суусундук

Жапон арагы

Кан тамыр Көзү Мики... көрбөйт (актер)

«Дон-...»Д.Байрон чыгармасы

Ток күчү

...ийилет, бирок сынбайт

Тоо жаныбары Африка дарыясы

Азамат

Аскер чини

Грузин акчасы

«...алейкум»

Шек- Тоголок спирдин оюнчук ...-дүлөй королу

Чыны

Тубар уй

Аквариум балыгы

Кумар оюнуна азгырылуу

0,4047га

Аял, жар

...-деЖанейро

Румыния тыйыны

Мең Алько- Кургап голдук бараткан ичимдик деңиз

Манас, Семетей

Бир аз туруп

Уулуу жылан Бир өркөчтүү Бөксө тоо төө

Маданият агент- Үпөлдүн тигинин түгөйү директору

Айдалган жердин топурагын майдалоочу шайман

Штирлицтин радист кызы

Каадасалт, үрп-...

Аравия жашоочусу

Аары продукциясы

Дарбаза

КТР, Мажор, РТР, минор КООРТ

АКШ штаты

«Тынч...» (чыгарма)

Упаковка

Адам атанын улуу баласы Түнкү канаттуу

Каракта

Австралия чөнтөктүү аюусу

Акырын Беш убакыт окулат

Микроавтобус, Латвия

Улан-..

Украина парламенти

Чопо чоор

Жардам сигналы

Бейсбол таягы

Герданын бир тууганы

Аска-... Клюшка менен ойнойт

Граф МонтеКристо

реклама


НУР

реклама

РЕКЛАМАЛАР

www.presskg.com

РАЗНОЕ Газета сатуучуларды ишке алабыз, айлык 17 - 25 миң руб. Тел.: 8 (926) 738-53-54, 8 (906) 713-76-08 Жердештерибизге Компаниябыз тез жана арзанга керектүү документтерди жасап берет. 3 айга учетко коюу, 1 жылга разрешения на работу 100% гарантия. Бесплатная консультация. тел: 8 (926) 657-58-12 Айнура эже. офис м.Сухаревская 1 мин. Газетабызга Верстальшик-дизайнер керек. Тел.: 8 (926) 120-56-65.

Кошумча иште иштеп туруктуу акча тапкыңыз келеби? Анда Компания "Нурга" кайрылыңыз, сизге жардам берет 8 (926) 313-91-65; 8 (926) 120-56-91

Бозо сатылат таруудан 8 (926) 593-32-29 Айка Постоянная прописка для граждан РФ и врем.регистрация для граждан КР за 1 день. Все строго по закону. Тел.: +7 (906) 554-21-82, строго до 20ч. КОШУМЧА ИШ БАР 8 (926) 328-31-27 Гүлназ

РАБОТА - ПОДРАБОТКА 8 (926) 135-66-48 Динара эже

Кыргыз улуттук суусундугу болгон накта таруудан жасалган бозо сатылат. Дүң баада заказ кабыл алабыз (тойлорго, мааракелерге, туулган күндөргө). Биздин бозону ичкен да арманда, ичпеген да арманда. Тел: 8 (964) 704-79-26 8 (965) 390-12-86 Болот

Кафеге ишке алабыз

Квартираң бар болсо

Экскурcия. Казакстанга машина менен алып барып келебиз паспортуңуздун кирди-чыктысы менен. Тел: 8 (926) 657-58-12

Кафеге опытный адмнистраторду жана афициант кыздарды ишке алабыз. Только гр.РФ, Тел: 8 (926) 120-56-91

Куттуктоо! Айялдардын 8-март майрамы менен куттуктайм! Жалпы кыргыз аялдар, кыздар бактылуу болсун келечеги кең болсун Кыргызстаныбыз тынч болсун! Ормонова Эркайым, Москва шаары

Урматтуу жердештер, Москвада квартирасы бар жердештер менен биздин редакция тыгыз байланышта болсок дейбиз. Кыргыздардын арасында кандайдыр бир өтө зарыл жаңылыктар болуп калган учурда квартира ээлерение кабарларды билдирип турабыз. Квартирасы бар жердештер бизге телефон номериңизди билдирип койуңуздарды суранабыз. «Нур» реклама редакциясы г. Москва ул.Сретенка 27/29 стр.1 офис.29 тел/факс: 8 (495) 625-39-78 8 (926) 120-56-91

СДАЕТСЯ Требуется на подселение девушка м.Свиблова Тел.: 8 (965) 218-59-79 Квартиранттарды алабыз М.Люблино 3 мин. пешком Тел.: 8 (925) 133-45-83 Анара Комната берилет 2 кызга же бир үй бүлөөгө комната берилет. Тел: 8 (926) 313-91-65

ДОМ Продается дом в Тверской обл. для ПМЖ и постоянной регистрации. Документы 100% Тел.: +7 (906) 554-21-82, строго до 20ч.

ТААНЫШУУ 26 жашка чейин Оштук кыздар менен таанышам Тел.: 8 (926) 154-97-27 19 жаштамын кыздар менен таанышам Тел.: 8 (926) 375-23-10 Илгиз

Таанышуу бурчуна реклама берүү үчүн Тел.: 8 (926) 738-53-54

2011- жаңы жыл DVDси чыкты

26-декабрда ВДНХ, ВВЦ, Торговый центр «Кыргызстанда» 2011- жаңы жыл майрамы болуп өттү. Бул жаңы жылдагы майрамдын DVDси чыкты. Жаңы жылдын көрүү үчүн DVDни сатып алсаңыздар болот. Адрестер: ВВЦ, Торговый центр «Кыргызстандан» Телефон: 8 (495) 974-31-65 «НУР» Компаниясы М.Сухаревская 27/29 стр.1 офис 29. Телефон: 8(926) 738-53-54

БОЗО ИЧКИЛЕ Кыргыз улуттук суусундугу болгон накта таруудан жасалган бозо сатылат. Дүң баада заказ кабыл алабыз (тойлорго, мааракелерге, туулган күндөргө). Биздин бозону ичкен да арманда, ичпеген да арманда. Тел: 8 (964) 704-79-26 8 (965) 390-12-86 Болот

Урматтуу эже карындаштар! Баардыгыңыздарды жеке өзүмдүн атыман 8- Март Эл аралык аялдар күнү жана жаз майрамдарыңыздар менен куттуктайм! Сиздердин алыс чоочун өлкөдө эмгектенип, үй бүлөнөрдү жана жакындарыңарды материалдык жактан колдоп жаткандыгыңарга терең таазим этем. Оор кыйынчылыктарды башыңардан өткөрүп жаткан эрдигиңер четте калбашына мен толук ишенем. Ойлогон ой максаттарыңарга жетип, мекениңерге аман-эсен кайтып келишиңерди тилейм. Бардыгыңарды терең урматтоо менен, Кубаныч Чынгышбаев Кыргызстан боюнча «Нур реклама» гезитинин өз кабарчысы.

НУР

ТРУДОУСТРОЙСТВО ПРОДАЖА АВИАБИЛЕТЫ БИШКЕК-ОШ ОКАЗАНИЕ ВСЕХ ВИДОВ ЮРИДИЧЕСКИХ УСЛУГ ПРИНИМАЕМ РЕКЛАМУ В ГАЗЕТУ “НУР РЕКЛАМА” СОДЕЙСТВИЕ В ПОСТАНОВКЕ НА МИГРАЦИОННЫЙ УЧЕТ СОДЕЙСТВИЕ В ПРОДЛЕНИИ МИГРАЦИОННОГО УЧЕТА СОДЕЙСТВИЕ В ПОЛУЧЕНИИ РАЗРЕШЕНИЯ НА РАБОТУ

ООО “Компания “НУР” Адрес: г. Москва, ул.Сретенка 27/29, стр.1, 2-этаж, офис 29 от метро Сухаревская, пешком 1 мин. Тел.: 8 (499) 409-91-33; 8 (926) 657-58-12; 8 (926) 804-47-53

№ 02 (20) / 2011

14

АСТРОТӨЛГӨ

8-марттан, 8-апрелге чейин астро төлгө КОЙ Кой жылдызынын алдында жарык дүйнөгө келгендерге бул ай таанышууларга, көксөгөн максаттарды ишке ашырууга ыңгайлуу учур. Кызмат тепкичинен көтөрүлүшүңүз да ыктымал. Ал эми айдын биринчи жумасы күтүлбөгөн окуялар менен коштолот. Айрымдар кызмат ордун которуу, же кесибин таптакыр эле өзгөртүү чечимин кабыл алышы мүмкүн. БУКАЧАР Марттын башында өзүңүздү «жылдыз» сезесиз. Анткени айланадагылардын көңүл борборунда болосуз. Айрымдары жөн гана сүйлөшкүсү келсе, айрымдары жардам да сурап кайрылышы мүмкүн. Бирок өзүңүздү башкалардан өзгөчө, же бийик кармабаңыз. Залакасы тийип калышы ыктымал. Ал эми айдын экинчи жумасында сиз үчүн анча деле маанилүү эмес деп эсептеген нерселерден көз каранды болуп калышыңыз мүмкүн. ЭГИЗДЕР Бул айда досторду аша чаап тамашалагандан алыс болуңуз. Айрымдар тамашаңызга түшүнбөй, жаңжал чыгарышы мүмкүн. Андан көрө эл аз жерде убакыт өткөргөнгө аракет кылып, колдон келсе спорт менен машыкканыңыз оң. Айдын ортосунда өзүңүз мурунтан бери көксөп жүргөн нерсеңиз ишке ашат.

БӨЙӨН

Алдыдагы күндөр бизнес менен алектенгендер үчүн өзгөчө жемиштүү болот. Мурда башталган иштин аягына чыкпай туруп, жаңы иш баштоого аракет кылбаңыз. Айдын экинчи жарымында иштеги өнөктөштөр менен пикир келишпестиктер болушу ыктымал. Өз позицияңыздан жазбаңыз, анткени, кайсыл жолду тандасаңыз да, ийгилик сиз тарапта болот. АРСТАН Марттын башы жан дүйнөгө ырахат алып келчү көз ирмемдер менен башталат. Эмне иш кылсаңыз да, ар бир кадамыңыздан кубат аласыз. Ал эми калган күндөрү таанышуулар болуп, ал адамдардан өзүңүзгө керектүү маалымат ала аласыз. Март айынын ортосунда көп жаңылыктар курчап алып, жан дүйнөңү жаңылануулар болот. БИЙКЕЧ Айдын башын убактыңыздын баарын жакындарга арноого туура келет. Эгер өз кадыр-баркыңызды сактап калам десеңиз, чыдамдуу болуңуз. Үй-бүлөлүүлөр бул күндөрү балдарга өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Убакыт болсо алар менен театрга, сейилдөөгө да барып келүүгө аракет кылыңыз. Март айынын биринчи жумасында мурун бүтүрө албай жүргөн иштериңизди бүтүрө албай жүргөн иштериңизди бүтүрөсүз. ТАРАЗА Марттын башы тынч өтөт. Бирок экинчи жарымында ийгилигиңизди көрө албаган адамдар «торго» түшүргүсү келет. Ар кандай ушак-айың кепке сизди аралаштыруу менен. Чымырканып, каршы турууга аракет кылыңыз. Ал эми аптанын аягы алыскы туугандардан уккан жаңылыктар менен аяктайт. ЧАЯН Бул айдын башында сатып алгыңыз келип жүргөн буюмдан баш тартууга туура келет. Анткени, жаңырган ай ичинде финансылык киреше жокко эсе. Ал эми үй бүлө жаатында жакын адамдар бири-бирине болгон таарынычын жаза алат. Айдын жүрүшүндө үйдө да, сыртта да бийлик жүргүзгүңүз келет. Бирок айланадагылардын пикирин дагы угушуңуз керек. ЖААЧЫ Түгөйү жок жаачылардын жашоосунда бул күндөрү жаңы таанышуулар болот. Бирок ал сүйүүгө уланабы, жокпу сизден көз каранды эмес. Ал эми ден-соолугуңуздун сактыгы өз колуңузда. Ар кандай ооруларга чалдыкпаш үчүн спорт менен алектенсеңиз болот. ТЕКЕЧЕР Жаңырган айда сизди тынчсыздандырган окуялар болушу күтүлүүдө. Кырдаалды көзөмөлдөө үчүн өзүңүздү токтоо кармаңыз. Жума күнү жалкоолугуңуздун артынан жабыр тартып калышыңыз ыктымал. Айдын ортосунда сизден моралдык колдоо күткөндөр болот, колдон келген жардамыңызды аябаңыз. СУУПЕРИ Жуманын башында чоң финансылык чыгымга учурап, мунун кесепети көпкө чейин башыңызды оорутат. Үй бүлө мүчөлөрү кыжырыңызга тийип, ишиңизге да кийлигишүүсү мүмкүн. Өзгөчө балдарыңыз менен тил табыша албай, таарынышып кетишиңиз да мүмкүн. Ачууңуз келип турганда жаман сөз айтуудан мурда ичиңизден бирден онго чейин санасаңыз болот. БАЛЫК Айдын баштапкы күндөрүндө спирт ичимдиктеринен оолак болгонуңуз жакшы. Өзгөчө бейшемби күнү жол кырсыгынан сактаныңыз. Ал эми марттын экинчи жарымы сиз каалагандай болуп, жакшы кабарлар менен сүйүнтөт. Кошумча киреше булактары пайда болушу күтүлүүдө.


15

№ 02 (20) / 2011

РЕКЛАМАЛАР

www.presskg.com

НУР

реклама

Авиа кассага ишке алабыз

Туулган күнүңүз менен!

Амадеус, Сирена, Габриэль программасын билген кыздарды авиакассага ишке алабыз. М.Сухаревская «Компания Нур» Тел: 8(926) 120-56-91

Урматтуу апа! Сизди келе жаткан кош майрамыңыз: 8-март жана ошол күнкү туулган күнүңүз менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз! Сизге кетпес дөөлөт, кең пейил; бакубат жашоо каалайбыз! Ар дайым төрүбүздүн көркү болуп; сыйурмат көрүп жүрө бериңиз!

Газета сатуучуларды ишке алабыз

Уулуңуз Бакыт, Айнура, Кашкарбү, Айнаш

Айлык 17 - 25 миң руб. г. Москва, ул. Сретенка 27/29 стр.1, 2-этаж офис 29 М. Сухаревская, 1 мин. жөө Тел.: 8 (926) 738-53-54, 8 (926) 120-56-91

Сизге керектүү телефон номерлер

АРЕНДА ЖИЛЬЯ / КВАРТИРЫ / КОМНАТЫ / КОЙКО-МЕСТА

АГЕНТСТВО НЕДВИЖИМОСТИ

ЮРТА Асыл +7 (915) 059-15-14 +7 (926) 230-14-15 Нургул +7 (915) 286-82-58 +7 (926) 338-48-18 yourta2010@mail.ru

Оперативные показы, индивидуальный подход к каждому клиенту, оплата по факту заселения, бесплатная консультация, скидки, акции для постоянных клиентов.

Мегафондон болсо: 010 — Пожарная охрана 020 — Милиция 030 — Скорая помощь 040 — Служба газа

МАРЬИНА РОЩА ул. 2-я Ямская д.9

Билайндан болсо: 001 — Пожарная охрана 002 — Милиция 003 — Скорая помощь 004 — Служба газа МТСтен болсо: 010 — Пожарная охрана 020 — Милиция 030 — Скорая помощь 040 — Служба газа Скай-Линктен болсо: 901 — Пожарная охрана 902 — Милиция 903 — Скорая помощь 904 — Служба газа

Багытбек БАПАНОВ Тел/Факс: 8 (495) 625-39-78 Моб.: 8 (926) 738-53-54

Члены редколлегии: Турсун ЖУСУПБЕКОВА Турдайым КОЖОМБЕРДИЕВА Айжан МАМАСАДЫКОВА

Газета отпечатано в ООО «ВМГ-Принт». Адрес: 127247, г. Москва, Дмитровское шоссе, 100, Заказ №: Тираж: 5 000 Цена договорная

М Церковь

ул.Садовая-Спасская

Ресторан “Шербет”

Президент газеты:

Дизайн и верстка: Самат СУЛАЙМАНОВ

Зарегистрировано в Управлении Федеральной Службы по надзору в сфере связи, информационныхтехнологий и массовых коммуникаций по Москве и Московской области Рег. ПИ №: ТУ 50-449 от 10.11.2009 г. Редакция не несет ответственности за содержание рекламных объявлений и сообщений информационных агентств. Мнения авторов могут не совпадать с мнением редакции.

50 метр

Сайт: www.presskg.com E-mail: nurgazeta@mail.ru nurreklama@mail.ru

Главный редактор: Айнура КАИПКУЛОВА

“НУР реклама” редакциясы

НУР

реклама

ул.Сретенка

Үй телефонунан: 01 - пожарная охрана 02 - милиция 03 - скорая помощь 04 - служба газа

Адрес редакции: 127051, М.Сухаревская г. Москва, ул. Сретенка 27/29, стр. 1


НУР

реклама

РЕКЛАМАЛАР

www.presskg.com

№ 02 (20) / 2011

16

Жылмайып коюңуз

Жигит открытка саткан киоскко келип, - Карындаш «Жалгызыма, сүйгөнүмө» деген открыткаңыз барбы? деп сураптыр. -Бар - Анда мага онду берип коюңузчу.

САМЫЕ НИЗКИЕ ЦЕНЫ АВИА Ж. Д. БИЛЕТЫ Медицинский Центр

АВИАКОМПАНИИ:

Лиц.№ ЛО-77-01-002572

“КЫРГЫЗСТАН”, “ИСТОК-АВИЯ” “ЭЙР-МАНАС”, “АТЛАНТ-СОЮЗ”, “ВИМ АВИА”, “S7”, “АЭРОФЛОТ”

ООО “Светал-Медикал” Все виды стоматологических услуг 8 (926) 397-79-21 Алиев Момунжан Анаркулович 8 (925) 057-68-37 Марат 8 (926) 044-80-33 Арзымат 8 (926) 983-92-53 Насирдин ● Акушерство-гинекологоия ● Урология ● Эндрокринология ● Терапия ● УЗИ диагностика ● Кардиология ● Мед.сестра ● Все виды анализов

Телефоны предварительной записи: Сагын Төрөбекович 8 (926) 397-95-70, Эркин Амиракулович 8 (926) 414-91-49, Гульнара Кубанычбековна 8 (926) 761-42-42, Саатбу Шоконовна 8 (926) 580-48-81.

М. Проспект Мира ул. Олимпийский проспект д. 16, кор. 1 со стороны ул.Щепкина - 47. офис тел.: 688-70-05

Необходимо проконсультироваться со специалистом

МОСКВА -БИШКЕК, МОСКВА -ОШ, -ТАШКЕНТ, БУХАРА,-ФЕРГАНА, -САМАРКАНД, - ДУШАНБЕ, - КУЛЯБ т.: 649-67-67 т./ф.: 8 (495) 959-59-50 м. “Добрынинская” ул. Большая Ордынка, 60/2 угол церкви, тел: 8 (963) 654-90-09 м. “Полянка” м. “Строгино”

www.planeta-avia.ru

маг. “ПЕРЕКРЕСТОК”, 2 этаж ул. Большая Полянка, 28, тел.: 8 (926) 235-38-83 Неманский проезд 4, 2 этаж тел.: 8 (926) 914-666-0

Каждому пассажиру георгиевская ленточка в подарок

Время работы: Пн-Пт-с 9.00-19.00, сб. -10.00 - 15.00, вс -10.00-15.00

АВИАКАССА

Эң арзан билет бизде

ПОЛИГРАФИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТӨБҮЗ Фото монтаж Пригласительный

Визитка Листовка Календарь Фото печать

8 (926) 927-52-11, 8 (926) 738-53-54 Адрес: г. Москва, ул.Сретенка 27/29, стр.1, 2-этаж, офис 29 от метро Сухаревская, пешком 1 мин.

КУЛАКТАНДЫРУУ м.Сухаревская 1.мин. жөө г.Москва ул.Сретенка 27/29 стр.1 офис 29. Тел./Факс: 8 (495) 625-39-78, 8 (926) 738-53-54, 8 (926) 313-91-65

«Нур реклама» газетабызга кызыктуу, курч макала жазгандарды издеп жатабыз.

Тел: 8 (926) 120-56-91, 8 (926) 313-91-65

*** Апасы үйгө бекитип койгон конфет жок, балдарын чакырып - конфетти ким жеди? деп сураса эч кимиси унчукпайт. - апасы: конфет ширин бекен? - Ооба, деп балдары жарыша жооп беришиптир *** Чапаев, Петка Анка үчөө кечинде үйдө сүйлөшүп жатат дейт, аңгыча Чапаевди бирөө тышка чакырып кетет. Анда Петка; -Кандай деп ойлойсуң Анка, Чапаев келгиче үлгүрөмбү, жокпу? - Анка ойлонуп туруп, жок үлгүрбөйсүң -Үлгүрөм -Үлгүрбөйсүң, деп жатам - Карап тур, үлгүрөм эле деп, ордунан шап туруп столдо турган арактан стаканга толтура куюп, тартып жиберип; - айттым го үлгүрөм деп, дептир Петка. *** Баласы эшиктен чуркап кирип; -апа, апа токойдо бир аял менен бир эркек жылаңач кубалашып жүрөт, - тек кой жиндилер болсо керек - анда эмне, атам жинди болуп калыптырбы?

#02 6.03.2011  

Martovskii vipusk

Read more
Read more
Similar to
Popular now
Just for you