Айбат - коомдук-саясий гезити №68

Page 7

7

ЖЭЭН ЖЭЭК

Кыраан Манас курган журтсуў, Эркин учкан алгыр кушсуў Кылымдарды карытып нечендеген жолдорду, жоолорду басып келген жана Манасты туу тутуп анын жети осуяты менен жашап келген, акыл калчап иш кылган, бир жакадан баш, бир жеўден кол чыгарып алдыга кадам шилтеген Кыргызым бїгїнкї кїндє жан кейитээрлик заманын сїрїп жаткан чагы. Азыркы кыргыз менен тарыхты єз кандары менен жазган кыргыздын айырмасы жер менен асмандай. Азыркы кыргыздар коррупцияга белчесинен батып тышкы карызга карызын туудуруп, анысы аз келгенсип акыркы 24 жылдын ичинде эки ажобузду тактыдан алып, жаўы жашоону тїптєйбїз деген їмїт менен шайлаган бийлик єкїлдєрї бїгїн деле єз адаттарын карматып, таз кейпин кийип жатышат. Мамлекеттин байлыгын уурдап, кыргыздын ай

5-МАРТ КЇНЇ БИШКЕКТЕ XIII ЭЛ АРАЛЫК "МОДА ИНДУСТРИЯСЫ: БУЮМДАР ЖАНА ЖАБДУУЛАР - 2014" КЄРГЄЗМЄ-ЖАРМАНКЕСИ АЧЫЛДЫ Жарманке Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында ачылып, тїрдїї буюмдар арзан баада сатыкка коюлду. Ата мекендик єндїрїїчїлєрдєн тышкары Германия, Чехия, Кытай, Япония, Корея, Тїркия жана Монголия мамлекеттеринин да єндїрїїчїлєрї єз товарларын кєргєзїштї. Уюштуруучулардын айтуусу боюнча єткєн жарманкелердин ийгилиги, жергиликтїї єндїрїїчїлєрдїн жана чет элдик катышуучулардын кызыгын жаратты. - "Бїгїн "Мода индустриясы: буюмдар жана жабдуулар - 2014" жарманкеси, fashion-индустриясынын бардык кызыктар адамдарынын, даана резонанстуу “жолугушуу жайына” айланды "– деди Асанов Сапар, “Легпромдун” жетекчиси. Жарманкеге элїїдєн ашык жергиликтїї жеўил єнєр жай ишканалары єз товарларын койушту.

- 1997-жылы жеке ишкана ачып, жеўил єнєр жайында иштеп келе жатабыз – дейт Тєлєгєнов Алымбек, “Датка” ишканасынын жетектєєчїсї – Буюрса жакшы ийгилик-

терге жетиштик. Эркектердин костюмун жана пальтосун тигебиз да, аны Москвага, Омскиге, Якетеринбургка жана коўшу Єзбекистанга, жалпысынан ай сайын 5 миўден ашуун нускада экспортко жєнєтєбїз. Айрым кардарларга буйрутма боюнча аялдардын да кийимин тигип беребиз. Жарманкеге катышкан “Бархат” фирмасынын жетекчиси Кунасова Нуржан кыргыздын улуттук колоритинде тигилген кийимдерди алып келип, кийинкилерди айтты: - Биз бул жарманкеге кыргыздын оймо-чиймелери тартылган кийимдерди алып келдик. Кийимди тигїїгє канча каражат кетсе, элибизге ошол баада эле берип, патриотторубузду колдоо максатында иштеп келебиз. Базарда кымбат сатылган кийимдерди кєрїп, улуттук стильдеги кийимди массалык тїрдє кєбєйтєлї деп, элдин сатып алганга алы жеткендей єз наркында эле сатып жатабыз. Жаштардын талабына ылайык футболкаларга эжелерибиз сайма сайып берет.

Биздин товарларды чоў кєлємдє Тажикстан импорттоп алат.

мончоктой болгон жерлерин сатып, келечектеги муунга жаркыраган эркин жашоо эмес кулчулуктун доору кїтїп жаткандай. Бишкектин кєчєлєрїндєгї кєр турмушту карап кєрєлї, качан апаларыбыз, эжекелерибиз, карындаштарыбыз жаш балдарын эрчитип баласын алып кєчєдє акча сурачы эле? Качан аталарыбыз, байкелерибиз, инилерибиз арак ичип кєчєдє жатканын кєрчї элек? Алардын жанында жїргєн жаш инилерибиз кандай тарбия алып жана аларды кандай жашоо єз кучагын ачып кїтїп жатканы белгисиз. Мындай кєрїнїштєр мен кыргызмын деп жїрєгї соккон кыргыз атуулдардын жанын кєргє алып барат. Менин кайраттуу кыргыз элим ар бир биз єткєрїп жаткан кїндєрїбїз бул тарых баракчасына єзїбїздїн колубуз

менен тарых жазып жатканыбыз, ошон їчїн кыргызым ойгон, ойлон эртеўки кїнї сен курган доордо сен эмес сенин балаў, урпактарыў жашайт. Эртеў кеч болуп калат бїгїнкї кїндєн баштап єзїўдїн кєкїрєгїўдєгї “кыргыз” деген сезимиўди ойгот аны ойлонт, эртеўки єз урпактарыўды уятка калтырбай турган жашоону тартуула. Балдарыўдын, тукумуўдун, урпактарыўдын алдында жїзїў ачык, жарык болсун. Акыркы сєзїмдї дем берїїчїгє дем, ойлонгонго ой, намысы жокторго намыс берет деген бир тамчы ишенимдеги тєрт сап ырымды арнап кетейин Кылым баскан кыргыз журтум, Кыраан Манас курган журтсуў. Кыргызмын деп жїрєк соксун , Эркин учкан алгыр кушсуў. Рысалиев Рахатбек

Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу: «КЫРГЫЗСТАН ИДПНЫН ЄСЇШЇ БОЮНЧА ЄТКЄН ЖЫЛЫ КМШ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ИЧИНДЕ 1-ОРУНГА ЧЫГЫПТЫР» - Токтогул мырза, буга чейин парламентте єкмєттї кетирїї їчїн 47 депутат кол койгон болсо, алардын 14ї кайра колун чакыртып алышты. Бул кадамга кандай баа бересиз? - Саясатта мындай кєрїнїштєр кєп эле боло берет. «Кєнгєн адат калабы, уйга жїгєн салабы?» дейт элибиз. Парламентке негизинен басымдуу бєлїгї соода-сатык, бизнес менен шугулданып жїргєндєр келишкен. Анан алар парламентке келип алып дагы єздєрїнїн бизнесмендик сапаттарын кєрсєтїп атышат. Єкмєттї кетиребиз, анын ордуна єзїбїздїн адамды алып келебиз деген кадамдар ошол депутаттардын жеке кызыкчылыктарына байланыштуу болуп калууда. Маселен, алар єз адамдарын алып келип жеўилдетилген кредиттерди єздєрї каалагандай бєлїштїргїлєрї келет. Ошондой максаттагы депутаттар Сатыбалдиевдин єкмєтїн кетиребиз деп кол коюп коюу-

шуп, анан кїтїп отурушат. Ал эми колун чакыртып алгандарды бир жагынан алсак, позициясы жок туруксуздардай болот. Экинчи жагынан балким арасында чындап эле кырдаалды тїшїнгєндєр болушу мїмкїн.

- Бїгїнкї кїндє єкмєттї алмаштыруунун канчалык зарылчылыгы бар? - Эч кандай зарылчылыгы жок. Єкмєттї алмаштырган менен пайда таппайбыз. КМШ мамлекеттеринин єткєн жылдагы статистикалык маалыматы боюнча Кыргызстан ИДПнын деўгээли боюнча биринчи орунга чыгыптыр. Мамлекеттин мїмкїнчїлїктєрї, салык тєлєє жолдору кеўейтилип жатканына кїбє болуп атабыз. Мамлекет деген бул бир їй-бїлєдєй. Анын ичинде ыркырашып, чыркырашып, талашып-тартышып жїрє берсек, кайра-кайра єкмєттї алмашытырып, анан иштетпей эле кайра кууй берсек, жакшы жашоого жетише албайбыз.

Айылчы САРЫБАЕВ, экономист: «ЄКМЄТ ДАГЫ ИШТЕШ КЕРЕК»

Жарманке-кєргєзмєсїнїн программасы алкагында, Кыргызстандагы мода индустриясын єнїктїрїї жолдорун жєнгє салуу тууралуу семинарлар жана тегерек столдор болуп, жарманке 10-мартка чейин улантылат. Бектур БАЙМОЎОЛОВ

- Айылчы мырза, парламентте єкмєттї кетирїїгє кол койгон 47 депутаттын 14ї кайра колун чакыртып алышканы маалым болду. Буга кандай пикирдесиз? - Адамдын кєз карашы мїнєт сайын єзгєрїп турат. Эгерде бїгїн башкача ойлоп турган болсо, анан окуянын чоо-жайын иликтеп, тїшїнїп, же кимдир-бирєєдєн ынанымдуу жооп алган соў, ал адамдын ою єзгєрїшї толук мїмкїн. Андыктан ал депутаттардын єкмєттї кетирїї талабынан айнып

кеткендерин туура эле кєрєм.

- Бїгїнкї кїндє єкмєттї кетирїїнїн зарылчылыгы барбы? - Бул эми негизи депутаттардын иши. Алар єздєрї єкмєттї шайлаган, єздєрї тапшырма берет. Андыктан алардын тапшырмасы канчалык аткарылып жатат, єкмєт кандай аракет кылууда буга парламент баа берет. Эгерде бїгїнкї кїндє парламент єкмєттї кетирбеш керек деп жатса, демек єкмєт дагы иштеши керек. 07-март, 2014-жыл


Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.