Айбат - коомдук-саясий гезити №61

Page 6

6

АБАЛ

Ташболот БАЛТАБАЕВ, ЖК депутаты:

Дамира НИЯЗАЛИЕВА, ЖК депутаты:

“КОЎШУ МАМЛЕКЕТТИ «ВАЛЬСКА» “ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ЖЕРИБИЗДИН, ТАРТЫШ КЕРЕК” - Туура, биз булл маселеге бїгїн-эртеў эле чекит кое албайбыз. Ошондуктан убактылуу эрежелерди токтоосуз иштеп чыгуу керек. Коўшу мамлекет да буга кызыкдар.

- Эгемендик алган жылдардан бери карай эле чек ара кєйгєйї чыгып келет. Бул кєйгєйгє качан чекит коюлат? - Бул єтє оор маселе болуп турат. Биз ар бир кадам сайын алдыга жылышыбыз керек. Бирок, азыркы тапта бул чек ара маселесине баланча кїнї чекит коюлат деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени образ менен айтканда вальс бийин эки киши бийлейт. Жалгыз киши вальс бийлей албайт. Ошол сыяктуу эле коўшу мамлекет биз менен вальс бийлегиси келбей жатат. Анткени алардын кызыкчылыгына туура келбей турган жагдайлар бар. Жыйырма жылдан бери ушул чек ара маселесинде эч кандай жылыш жок. Андыктан мен бїгїн парламенте чек ара маселеси боюнча иш алып бара турган туруктуу парламенттик комиссия тїзїї сунушун киргиздим. Бїгїнкї кїндє деле чек ара маселеси боюнча тїзїлгєн їч комиссия бар. Ал эми мен сунуштаган комиссия ушул їч комиссияны мониторинг кылып тура турган орган болушу керек. Бул

биринчиден. Экинчи маселе биз дагы деле мурдагыдай єкмєт тїзгєн комиссия менен барып алар (коўшу мамлекеттер) макул болбой жатат деп кайра келип атабыз. Башкача атйканда сокур менен дїлєй сїйлєшкєндєй эле болууда. Ал эми чек ара аймагына жакын жайгашкан жерлерде эл тынч уктай албай калды. Эл азыр булл кєйгєйдї чечип берїїнї сурап жатат. Маселе курч деўгээлге келип жетти. Андыктан муну чечїїнї жолун табыш керек. ОДКБ, ШОС, ООН дегендер бар. Убагында кабыл алынган документтер бар. Ошолорду кєтєрїп чыгыш керек. Тажик тарап болсо 1928-жылкы документтерди эле кєтєрїп чыга калышат. Башкача айтканда єздєрїнє ылайыктуу документтерди кєтєрїп чыгышат. Биз дагы жєн жатпай эми тиешелїї документтерди алып чыгып, бул маселени чечишибиз керек. Бирок тез арада эле чечилип калышы кыйын. - Эгер тез арада чечилбесе, анда ал аймактардагы кєйгєй дагы деле улана берет экен да?

- Балким ошол чек ара аймагында жашаган жарандардын социалдык маселелерине кєбїрєєк кєўїл буруу керектир? - Туура, мен да ошону айтып жатам. Биз бул боюнча буга чейин эле мыйзамдарды кабыл алганбыз. Бирок, тилекке каршы аткарылбай келет. Чек арага жакын аймакта жашагандардын экономикалык, соуциалдык абалдарын жакшыртуу керек. Ошол аймакта жашоонун кызыкчылыгы болушу керек. Болбосо жашоонун айынан ал жерлерден кєчїп кете беришет. Ал эми эл жок жерде чек араны Армия да коргой албайт. - Сиз жогоруда коўшу мамлекет биз менен вальс бийлегиси келбей жатат деп айттыўыз. Вальс бийлетїїнїн жолдору барбы? - Анын жолдору кєп. Анткени ар бир мамлекеттин єзїнїн артыкчылыктары бар. Маселен Єзбекстандын газы бар. Ал аны колдонуп жатат. Ошол эле сыяктуу бизде суу бар. Бирок, аны колдонуп жатабызбы? Жок. Тажикстандын социалдык-экономикалык жашоосу Кыргызстан аркылуу гана жїрєт. Биз ушул артыкчылыгыбызды колдонуп жатабызбы? Жок. Андыктан кайсы бир маселени чечїїгє эмне жардам бере турган болсо, ошонун баарын колдонуш керек. Болбосо коўшу мамлекет буга чейин таяк кармап уруш чыгарса, эми артиллериялык куралдар менен ата баштады. Мындайга жол бербеш керек.

ЭЛИБИЗДИН ТЫНЧТЫГЫН, КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫН КОРГООНУ КАРАДЫК”

- Кечээ ЖКда жабык эшик артында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда болуп єткєн окуя боюнча талкуу кылдыўыздар. Кандай чечимге келдиўиздер? - Жабык эшик артында єткєрїлгєн жыйындын жыйынтыгында атайын токтом кабыл алынды. Анда єзїбїздїн жерибиздин, элибиздин тынчтыгын коргоо, кызыкчылыктарын коргоо каралды. Ошону менен катар эле эл аралык келишимдерди бузбоо, ошонун негизинде иш алып баруу керек экендиги айтылды. Жалпы жонунан ушул єўдїї чек ара кєйгєйлєрї болтурбоо, аны чечїїнїн жолдорун табу каралды. Бул жыйын жабык эшик артында єткєндїктєн анда каралган маселелердин бардыгын ачык айтканда бир аз туура болбой калат.

- Буга чейинки маалыматтар боюнча тажик тарап болуп єткєн окуяга кыргыз чек арачыларын кїнелеп келишкен. Чынында кїнєє кимде экен? - Болгон окуяга кимдин кїнєєлїї экендигин аныктоо їчїн биргелешкен комиссия тїзїлїп иликтєєгє алат. Ошондон кийин конкреттїї маалымат айтылат. - Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесине жакынкы убактарда чекит коюлабы? - Жакынкы убактарда болбосо да, бул маселеге чекит коюлат деп ойлойм. Бул маселе боюнча дагы тиешелїї органдарга сунуш айтылды.

АЛА-ТОО КОНУШУН АКИМ КАЧАН КАРАЙТ? Ала-Тоо конушуна биринчи жолу келгенимде, аз-аздан жаўы тамдар салына баштаган эле. Аларга кошулуп, биз дагы алган жер їлїшїбїзгє там салып баштадык. Анда мен 5-класста элем. Жаш бала болсом дагы, курулуш иштерине аралашып жардам кылчумун. Бирок, баары бир жаштык кылып бир маал ойноп кетмейим бар эле. Бєлєм белек кылып берген скейтбордду тээп алып, мелтиреген асфальт жолдо ары-бери зуулдап. Ал 1999-жыл... Арадан 15 жыл єттї. Азыр ошол мелтиреген асфальт жолу жок. Жолчулар жолду жамай берип, акыры жамаганга да жери калган жок. Былтыр айдоочулар жолду тозуп, кєтєрїлїш кылып атып шагыл тєктїрїшкєн. Анткени, машинеўди айдап келе жатсаў, тїз жолду эмес, тайызыраак аўды карап калгансыў!

17-январь, 2014-жыл

Єкмєт мїчєлєрї келген сайын жолду оўдомуш этип, жергиликтїї башкарма кыймылдамыш этип калат. Андан кийин кайра эле баягы “картина”... Жолду айтпаганда райондогу, Сибирь жарасынан єлїп, жаныбарлардын кємїлгєн “хвостохранилищесин” беките албай коюшту. Ал, элдер ары-бери єтчї жолдун боюнда! Дагы бир жергиликтїї башкарманын иштебей жаткандыгына мисал болуп, эки жумадан бери кулап жаткан жол белгисин айтса болот. Ал белги, райондогу так эле медпункттун алдында турчу, сїзїп кетишкенби, айтор, кулап жатат. Жогоруда келтирилген кичинекей мисалдын бардыгы, Ленин райондук акими, Ала-Тоо конушуна басып да келбегендигин айкындайт. Жергиликтїї бюджетти кайда кетирип жатышат? Бул суроого эмки саныбызда жооп издеп кєрєлї... Бектур БАЙМОЎОЛОВ


Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.