Айбат - коомдук-саясий гезити

Page 9

9

КЇН КЄЙГЄЙ

Батыр ТЄРЄБАЕВ, Ун єндїрїїчїлєр комитетинин тєрагасы:

“УН КОМБИНАТЫНДА ИШТЕГЕНДЕРДИН БААРЫ ЖУМУШСУЗ КАЛДЫ” - Батыр мырза, ушул тапта ун комбинаттарында иштеген адамдардын баары жумушсуз калыптыр. Мунун кесепети эмнеден улам жаралды? - 2011-жылы Казакстан 27 млн, Россия 120 млн. тонна буудайдын тїшїмїн жыйнаган. Ал эми ошол кезде Кыргызстанда 1 млн. тоннадан ашык эгин алынган. Негизи Казакстан жылына 12-13 млн. тонна буудай алышчу. Тактап айтканда, буудай оголе кєп болгон. Албетте, эгиндин арбын болгону жакшы. Бирок, биз жергиликтїї дыйкандардын жана ата-мекендик ун комбинаттардын кызыкчылыгын эске алып, єкмєттєн унга бажы тєлємїн киргизїїнї суранганбыз. Ал кезде єкмєт башчы Є. Бабанов эле. Премьер-министр кайрылуубузду карап кєрїп, маселени чечїї ишин Учкун Ташбаевге ( ошол кзедеги экономика министри) тапшырган. Бирок, убакыт абдан чоюлуп кеткендиктен ишканалар оор ахыбалга кириптер боло баштады. Аргасыз кєйгєйдї Жогорку Кеўешке жеткирдик. Парламенттин кємєгїнєн кийин бажы тєлємїн киргизїїгє єкмєт аргасыз болду. Ошентип, иш жыла баштаган. Анан буудайдын баасы кєтєрїлїп кетти. Маселен, Тажикстанда 45 сомго, Єзбекстанда 33 сомго чыкса, бизде жыйырма алты сомдон болуп атты. Анткени, биз монополияга каршы агенттик менен баа келишимине кол койгонбуз да. 27-28 сомдон сатканга мїмкїнчїлїгїбїз болсо дагы, жыйырма алты сомдон ашырганыбыз жок. Тилекке каршы, єкмєт чочуп кеттиби айтор, абалды жакшы анализдей албай, бажы тєлємїн кайрадан алып салган. Мунун ке-

сепинен жергиликтїї ишкерлер жабыр тартып, мына миўдеген адамдар ишсиз калып олтурат. - Бажы тєлємї кирип калса, анда бизде дагы буудайдын баасы єсїп кетсечи? - Бул жерде буудай кире берет. Буудай бажы тєлємсїз эле кире бергени оў. Буудай болсо, жем болот. Маселен, бир килограмм буудайдын 25 пайызы жем (кебек) болот. Мына азыр ун комбинаттары иштебегендиктен, анын баасы да 5 сомдон 10 сомго чейин кєтєрїлїп кетти. Сєз жалаў гана ун жєнїндє болуп атпайбы. Эгер, ун сырттан бажы тєлємсїз кире берсе, биринчи кезекте ун комбинаттары иштебей токтойт. Ансыз деле токтоп турат. Эл ишсиз калат. ( ишсиз калды). Жергиликтїї дыйкандардын буудайын ким сатып алып, ким иштетет? Буудай иштетилбесе жем кайдан болот?. Мына маселенин чоо жайы каякта жатат. - Сырттан келип жаткан буудайдын баасы деле кымбатыраак болуп жаткандай? - Маселен, казак ишкерлери їчїн бир тонна буудай 185 доллар болсо, Кыргызстан менен тїзїлгєн меморандумга ылайык кыргыз тегирменчилери буудайдын тоннасын 300 доллардан сатып алып жаткандыгы жашыруун эмес. Казакстан єкмєтї тегирмен комбинаттарына буудайдын тоннасын 28 миў теўге, 185 доллардан сатары жєнїндє меморандумга кол койгон. Алардын иштєє планына ылайык 2012-жылдын августунан 2013-жылдын августуна чейин алардын тегирмендерине жеўилдетилген баадагы 1,3 миллион тонна буудай берилет. 2012-жылдын декабрына че-

йин 500 миў тонна буудай сатылды. Ал эми кыргыз тегирменчилери казактардын буудайын тоннасына 300 доллар тєлєп сатып алууда. Кыргызстан єкмєтї болсо ун баасын кєзємєлгє алган. Єкмєттїн токтомуна ылайык, биринчи сорттогу ундун бир килограммы 23 сомдон кымбат болбошу шарт. Бул жерде тегирменчилердин пикири эске алынган эмес, ошондуктан бул тармак жакын арада такыр эле иштебей калуу коркунучу жаралууда. Ал эми ундун басымдуу бєлїгї чет жактан келип жаткандыктан, жергиликтїї дыйкандардын єндїрїмї кампаларда иштетилбей турат. Ошондуктан, сырттан келген унга бажы тєлємїн киргизбесек, абалыбыз єзгєрбєйт. Кыйынчылык боло берет. - Азыр бизде буудай менен ундун запасы жетиштїїбї? - Ун комбинаттары маалымат берди. 111 миў тонна буудай бар экен. Плюс ундарыбыз деле аз эмес. Комбинаттар бир жылда 350 миў тонна буудай киргизебиз. Ошондо бизге 700 миў тонна эле ун керек. - Ун комбинаттары иштебей турса, адистерди кантип кармап турасыздар? - 40дан ашык ун комбинаттары иштебей турат. Анын ар биринде эле 150-200дєн киши эмгектенчї. Керектїї адистерибиз арга жок чет мамлекеттерге чыгып кетїїгє кам ура баштады. - Демек, бажы тєлємсїз сырттан келген ун биздин базарларды ээлеп, жергиликтїї ишкерлер болсо зыян тартып аткан экен да? - Ооба, Мисалы Бишкек ун комбинатында бир кїндє 500

ЮНЕСКОНУН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ КЫРГЫЗСТАНГА АЛА КИЙИЗ МЕНЕН ШЫРДАГЫ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРДЫ Жогорку Кеўештин депутаты Карганбек Самаков Франциянын борбору Париж шаарында ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушту. 195 мамлекет каттоодон єткєн, 146 мамлекет мїчє болгон эл аралык алкактагы абройлуу уюмдун башчысы менен жолугушуу бир катар маселелерди єз ичине камтыды. Бул тууралуу ЖК басма сєз кызматы билдирет. Жалпы адамзатына таандык табигый байлыктарды коргоого алуудан тартып дїйнє элдерине тиешелїї маданий мурастарды каттоо, сактоо, коргоого алууга чейинки маселелер туурасында кеўири сєз болду. Жолугушуунун жїрїшїндє кыргыз элинин улуу мурасы «Манас» эпосу жана анын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизїїгє сунушталып жатканы, Манас їчилтигинин кыргыз эли їчїн канчалык мааниге ээ экендиги боюнча ЮНЕСКОнун башкы директоруна кенири маалымат берилди. Жолугушуунун сонунда ЮНЕСКОнун башкы директору И. Бокова Кыргызстандык делегациянын башчысы, Жогорку Кеўештин депутаты Карганбек Самаковго єткєн жылы кыргыз элинин маданий мурасы деп таанылган кыргыздын ала кийизи менен шырдагы туурасындагы сертификатты тапшырды.

Бул жолугушуу жылуу пикир алмашуунун жана єз ара тїшїнїшїїнїн, тараптарга болгон терен урмат-сыйдын алкагында єттї.

тонна буудай иштетилсе, 125 тонна кебек чыгат да. Мына бїгїнкї кїндє ал кебек да жок. Эл кебекти деле арзан алып турса жаман беле? Экинчиден, ун комбинаттары иштебей токтоп тургандыктан, жумушчулар ишсиз олтурат, казынага салык тєлєнбєй жатат. Электр энергиясына берилїїчї тєлємдєр тєлєнбєй, бюджет зыян тартууда дегендей маселелер кєп. Мына ушул тапта Бишкектин кєчєлєрїн оўдош керек деп кыйкырып атабыз. Эгер, жергиликтїї ишканалар токтоп турса, алардан акча тїшпєсє, анан кантип иш алдыга жїрєт. Казынага акча тїшсє анан иш башталат да туурабы? Бажыга миллиондогон акчалар тєлєнчї эле. Кыскасы кєйгєйдї чечпесек болбойт. - Учурда єкмєт менен сїйлєшїї жїрїп жатабы? - Экономика министри Темир Сариев менен жолугушуп, бул маселенин тегерегинде бир топ талкуу жїрдї. Ал киши маселени абдан жакшы билет жана тїшїнєт. Бир топ аракеттери кєрїїдє. Кудай буюрса жакында премьер-министр менен да жолугушуу уюштурууну пландоодо. Єкмєт башчы Ж. Сатыбалдиев кєптєгєн кызматтарда иштеген, кырдаалды баамдай билген адам. Ошондуктан, бул орчундуу маселеге кайдыгер карабайт деп ишенем. - Биздин ун комбинаттардын абалы кандай. Техникалык жабдыктар сапаттуу ун чыгаруу талабына жооп береби? - Мен кєп эле єлкєлєрдє болуп, ун комбинаттарына кирип кєргєм. Биздики кудайга шїгїр, баардык талаптарга жооп берет. - Башка єлкєлєдє унга болгон бажы тєлємдєр иштейби? - Маселен, Єзбекстанда 20 пайыз бажы тєлєм бар. Буудайды кєп жыйнаган Европа єлкєлєрїндє (Франция, Германия, Англия) да бул маселе жолго коюлган. - Ун комбинаттары иштебей тура берсе кандай коркунуч жаралыш мїмкїн? - Бул жерде чоў монстрлар иштеп атат. 3 жыл мурда Тажикстанда ун жок болуп калган. Себеби,

тегирмен жок. Эгер, бизде да тегирмендер жок болуп кетсе, эртеў Казакстанда буудай болбой калса, анда кандай болот? Анда унду ар ким каалаган баада сата башташат да. Экинчиден, єзїбїздїн єндїргєн буудайды ким иштетет? - Бизде азыр деле нандын баасы жогору болуп жатпайбы. Бул тууралуу сиздин пикириўиз кандай? - Туура, мамлекет ундун эмес, нандын баасын кєзємєлгє алышы керек. Монополияга каршы кїрєшїї органы жана айыл чарба министрлиги ун чыгаруучу ишканалардын товарга болгон баасын кєзємєлдєп турат, бирок нандын баасына кєўїл бурбай келет. 400 грамм нан учурда 13-14 сом турат. Нандын баасы ун баасындай тємєндєгєн жок. - Ун комбинаттарындагы абалга дагы деле кєўїл бурулбаса мунун жыйынтыгы эмнеге алып келиши ыктымал? - Буга чейин канчалаган тармактарга кєўїл бурулбай атып, алардын кєбї жок болуп кетти. Эгер, ун комбинаттарга кайдыгерлик улана берсе, сєз жок бул тармактын да тамтыгы чыгып, жоюлуп кетет. - Башка єлкєлєлєрдє ушуга окшогон маселелерди чечїї їчїн ассоцияциялар тїзїлгєн. Бул иш Кыргызстанда да иштеп баштады. Силерде ассоциация барбы? - Мына мен 3 жылдан бери иштеп атам. Мїчє болгула деп бирєєдєн бир тыйын сураган жокмун. Ассоцияция керек. Анткени, буга окшогон маселелер чыга берет. Аны ар бир комбинат жекече чуркап чече албайт да. Ошондуктан, биригип, жамаат аркылуу кайрылуу кылып, чечїї жеўил болот. Муну менен катар эгер ун комбинат иштетем деген адам, алгач ассоцияция менен кеўешип, биз ага жардам берсек, баардык жабдуулары, керектїї иш кагаздарынын тууралыгын карап кєрїп анан жамаатка салып жыйынтык чыгарып берсек бул єкмєткє да кємєк да. Ошондуктан, муну жандандыруу аракеттери колго алынган. Маектешкен Улукбек КУТМАНБАЕВ 22-март, 2013-жыл


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.
Айбат - коомдук-саясий гезити by bekturb VIB - Issuu