Issuu on Google+

Жоомарт САПАРБАЕВ:

“ЖАШТАРДЫ БЕЧЕЛ КЫЛГАНГА КАРШЫМЫН”

5

Жаратканым жар болсун!

Коомдук–саясый гезит •

aybatkg@mail.ru •

№ 14 • 18-январь, 2013

Оппозициянын «барбарос» планында кандай сырлар катылган? 7

ДЕПУТАТТАРДЫН САЛАМАТТЫГЫН ТЕКШЕРЇЇЧЇ ЖАЙ ТЕМИР ТОРДУН АРТЫБЫ?

2

АБДРАИМОВДУН АЛКЫМЫ КАНТЕТ, ЫЯ...

4


2

АЙБАТ ПРЕСС

ДЕПУТАТТАРДЫН САЛАМАТТЫГЫН ТЕКШЕРЇЇЧЇ ЖАЙ ТЕМИР ТОРДУН АРТЫБЫ?

Нариман Тїлеев деген Курманбек Бакиевдин «баласы» бар го. Бишкек шаарынын мэри болуп турганда эреркеп кетип, єзїнїн атасын чанып, Бакиевди «ата» кылып алган. Демек, ошондо Нариман мырзанын чоў атасы Сали болуп калат да. Ошол Салинин «небереси» Нариман «атасы» Курманбек Бакиев тактысынан кулап, Минскиге качып кеткенде, куйругун кыпчыган боюнча ал дагы изин Кыргызстандан суутуп кеткен эле. Анан ошол учурдагы Кыргызстандагы єткєєл абалдан пайдаланып, «єлїмїш» болуп кайра мекенине баш багып, «Ата журт» партиясынын тизмесине кире калып, бакыйып келип Жогорку Кеўештин “партасына” отуруп калган. Башында балыкчасынан култуюп жїрїп, анан бара-бара тил бїтїп, єзї парламентке келген «Ата журт» партиясына далысын салып: «Менин 500 миллион доллар байлыгым бар» деп чиренип, мактанып, деги эле болбой калды эле. «Мынча байлыкты кантип топтодуўуз?» деп сураганча болбой эле, Бишкек мэри кезинде мамлекеттин казынасына 100 миллион сом зыян келтиргени ачыкка чыгып, укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган болчу. Бирок, 500 миллион доллар байлыгы бар Наримандын мамлекеттин казынасына 100 миллион сом гана зыян келтиргенине анчалык ишене албай турат калыў эл. Маўдай тиштерин кашкайта кїлїп, маўдай чачтарын їлбїрєтїп коюп жїрчї Нариман мырза камакка алынгандан кийин денсоолугу начарлап кеткенин эшиттик. Кайра-кайра ар кимден салам дуба айттырып: «Ооруп атам, їй камагына чыгарсаўар боло» дегендей ишааратын жасаганын койбойт. Абакта жаткандан бери беш убак намаз окуй баштаганын да эшиттик. Албетте, мусулманчылык парзды аткарганы жакшы дечи. Бирок, адегенде мамлекеттен жеген акчаларын кайра чыгарып, тазаланып алып анан намаз окубайбы деп мусулман журту тїшїнбєй турат. «Ооруп атам» деп арамзаланганы менен, 15 килого семирип кеткенин айтышууда. Жеп-ичип коюп, алыскы Минскидеги «атасынын» жанына барып балык уулагысы келип, кыялданып коюп, жата берсе анан семирет да. Эркек болгондон кийин арамза оорубай эле койбойбу десеў.

Ал аўгыча дагы бир «ата журтчу» депутат Нурлан Сулаймановго кылмыш иши козголду эле, ал Германияга барып жїрєгїн «операция» жасатып, «їч айдан кийин барам» демиш болуп, Кыргызстандагы кырдаалды байкап жатат. Болбосо, Кыргызстанда жїргєндє жїрєгї укмуштай эле сонун болуп согуп жїргєн. Деги эле жїрєгї ооруйт экен дегенин укпаппыз. Кыязы, темир тордун артын элестеткенде, жїрєгїнє кїч келип кеттиби? Андай-мындай дегиче, ачып-кєздї жумганча 3-октябрь окуясы болуп єтїп, анын натыйжасында дагы їч «ата журтчу» депутат камакка алынган эле. Анан парламентте деле, башка жерде деле сєзї менен билимине караганда, муштумуна тереў ишенген Камчыбек Ташиев абакта жаткан жеринен ачкачылык жарыялай коем деп, ашказанын оорутуп алды. Ырасында эле оорутуп алганы кечээ жакында эле кебетесинен билинди. Бир топ шалпая тїшїптїр. Бирок, ага эч ким: «Ак їйдїн тосмосунан ашып тїшїп, шымыўдын аласын жырт, анан ага уялып, ачкачылык жарыяла» деп талап койгон эмес да. Таба эмес го, тообо. Аны менен бирге Ак їйдїн тосмосун ашып тїшкєн, бирок жаштыгынан улам, шымынын аласын илдирбей ашкан Талант Мамытов болсо, башы катуу ооруп атканын айтып, даттанганын койбоду. Кєрсє, депутат болгонго чейин бокс менен машыгып, башмээсин бир аз «чайкап» алган экен. Ээ, кокуй бизге мындай «чайпалган баш» депутаттардын не кереги бар эле деп отурабыз. Ушунакай, туугандар. Абакта жаткан тєрт «ата журтчунун» їчєє, Германиядагысын кошкондо тєртєє бирдей азыр «оорукчан». Анан ушундай бир аз кыйынчылыкка эле «ооруй» беришкен саясатчыларга кантип Ата Журттун тагдырын ишенип тапшырабыз? Эртеў, їй камагына бошотуп жиберсеў, куландан соо болуп айыгып, Ата Журтун таштай кача тургандар ушулар да. «Баатыр бир єлєт, коркок миў єлєт» деп келген кыргыз эли. Калп эле «єлїмїш» болбой, кылган кїнєєўєргє жигитче эле жооп берип, жоопкерчиликти тартып койбойсуўарбы, ыя? Болбосо, силерди кєрїп турган бєтєн элдин алдында єлбєгєн тєр шыйрагыбыз калууда...

Гезит ээси:

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ 18-январь, 2013-жыл

ЖАПАРОВ БАЛА БАКИЕВДЕН 1 МЛН. ДОЛЛАР АЛГАНБЫ? «Мен элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп атам. «Кумтєр» улутташтырылышы керек» десе оозунан ак кєбїк чачыраган «ата журтчу» Садыр Жапаровго байланышкан кызык кеп уктук. Анын былтыр кокусунан «Кумтєр» маселесин кєтєрїп, атайын депутаттык комиссия тїздїрїп, канадалык ишкерлерге «ормон опузасын» кєрсєткєнїнїн себеби бар дешет билермандар. Бїткїл ааламды колуна карматса да тойбогон Максим Бакиев атакеси КурСалиевичтин доору гїлдєп турганда єкїмзордукка салып атып «Центерра Голд» («Кумтєрдї» иштеткен компания) компаниясынын 8дык акциясына ээлик кылып алган имиш. Апрель революциясынан кийин канадалыктар экс-ханзаада «доля» бербей койгонбу, анысы «мына эмесе!» деп Садыр Нургожоевичтин алкымын 1 млн. долларга майлап, аны «айдактатканы» жалганбы? Бала Бакиевден алган «баксысыў» акташ їчїн бир ууч топту митингге алып чыкпай жаны жокпу? Ал эми окуянын чоо-жайын тїшїнбєгєн адамдар Жапаровду саясый туткун деп жазган жазмакерлерге ишенип, аны «Жыл адамы», «баатыр» атагандарга алданып атпайбы…

АЙ-БАЛА-ЕВ БИЗГЕ ГУБЕРНАТОР БОЛУП КЕЛСЕЎ БОЛО... Жергебиздин тїштїк облусу єзбек президентти Ислам Абдуганиевичтин кєз кырында турат эмеспи. Мындай дегенибиздин себеби, бир кезде Жалал Абад губернатору ыраматылык Осмонов ал кишиге жакпай калып, борбордон президент Аскар Акаев атайын облустук жыйынга барып, губернаторлуктан араў кетиргени маалым эмеспи. Андан кийин Ош облусуна Накен Касиев губернатор болуп барганда бир врач Ош облусуна губернатор болуп келди- деген сєз да И. Каримов аксакал тарабынан кайсыл бир жыйында айтылып кеткен болчу. М. Айбалаев да Баткен облусуна террорчулар басып киришкенде губернатор боло коюп, чыр басылганда кайра ар кандай шылтоолор менен кызматтан алынганы эсте. Эми болсо, Баткен облусунда кайрадан улуттар аралык чатактар ырбай баштаганда Мамат Мариповичтин Баткен облусунда губернаторлук кезиндеги эмгегин сагына тїшїшкєнбї ал жердин эли жапырт М. Айбалаевдин ал жакка єкмєттїн ыйгарым укуктуу єкїлї болуп келишин талап кыла баштагандыгы коомчулуктун кєўїлїн бурууда. Ал киши губернаторлук кызматынын бир аз жылдар ичинде чек ара маселелеринин бир топ тїйшїгїн чечип, элдин карым катташын жеўилдетип койгондугу кимге жашыруун. Ал эми элдин талабын уккан Мамат Марипович кантсе да ыйбалуу,сыпаа адам эмеспи койгула єкмєт ишенип берсе барайын болбосо, жутунгандай болуп калбайын деп, артынан тїрткїлєгєндєрдї тизгиндеп жатканын эшиттик. Эгерде элдин талабы єкмєттєн колдоо таап калса. Анда Ислам Абдуганиевич кандай абалда калаар экен десеў?.. Деги кандай айтпайлы кыргыз бийлиги патриотторго,єз эли жерин канындай сїйгєндєргє муктаж болуп тургандыгы кимге жашыруун. Айрыкча республикабыздын тїштїк облусу дал ушундай адамдарга ар дайым муктаж эмеспи.

Редактордун орун басары: Тєлєбїбї КАСЫМАЛИВА

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: aybatkg@mail.ru

Редакциялык жамаат:

Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Аида ИШЕНГУЛОВА Акинай АЙДАРОВА Мелис АРТЫКОВ Мирбек АСАНАЛИЕВ Самара САЛАМАТОВА

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды. Жарнама бєлїмї: 0555 71 96 78, 0772 14 79 42

ЖАШТАР МИНИСТРЛИГИ ЗАГС “МИНИСТРЛИГИНЕ” АЙЛАНДЫБЫ Алиясбек Алымкулов жетектеген Жаштар министрлиги деген бар. Бул жигит бешиктен бели чыга элек болсо да 7-апрелдеги эрдиги їчїн Кыргыз Эл Баатыры наамын алып алган. Мынча болгондон кийин ал кездеги єлкє башчысы Р. Отунбаева айым бул кїнї курман болушкан 70-80 ге жакын эр азаматтарга деле бул наамды берсе арбактар ыраазы болбойт беле. Єзї бул жогорку даражалуу наамга Кыргызстанда маркум А. Масалиев баш болгон беш, алты адам эле ээ. Анысына деле эми макул дейли.Маселе дал ушул Жаштар министрлиги єкмєттєн олчоюп бєлїнїп келе жаткан каражаттарга деги эмне иш жасап жатканы таў калыштуу болуп келет. Айрым бир маалыматтарга караганда Р. Отунбаеванын тушунда дал ушул министрлик бир эле Нарын шаарында жаштар їйїн оўдоп тїзєєлєрдєн єткєрїї їчїн 7 млн. 700 миў сомду сарптап жибергендиги таў калыштуу болуп келет.Эгерде бул министрликтин ишине кылдат кєз жїгїртїп келе жаткан адамга мындан башка да жымсалдамайлар арбын экендиги байкалат. Эў кызыгы Алиясбек мырза министр болгондон баштап эле жылда мынча жубайларды баш коштурам, їйлєнтєм деген милдеттенме алып алганбы деген ой да келет.Аталган министрлик ушу кїнгє чейин эле їйлєнї їлпєтї сыяктуу иш чаралар менен алек болуп келе жатканына тїшїнє албай тургандар канча?

ЭМИ “ЗАМАНДАШ” ПАРТИЯСЫН САДЫК ШЕРНИЯЗ БАШКАРЫП КАЛАБЫ? Ыраматылык Мухтар Ємїракунов жетектеп келген “Замандаш-Современник” саясий партиясы акыркы учурда ийгиликтерге жетишип келе жатканы белгилїї. Дегеним ишенимдїї булактардан келген маалыматтарга караганда, учурда бу партияны жетектеп жаткан Эмил Ємїракунов ордунан кетип, ордуна кадимки эле Маданият министри болуп турганда бир топ жаўычылдыктар менен ийгиликтерге жетишкен, “Айтыш фильм” студиясын жетектеп кыргыз элинин баалуулуктарын даўазалаган фильмдерди тартуу менен бирге тєкмє акындар менен манасчыларды єстїрїп келе жаткан Садык Шернияз мырза башкарат имиш. Эгерде бу мырза “Замандашты” башкарып калса, “замандаштын” заманы башталып, Мухтар Ємїракунов жетпей калган ийгиликтерге эми жетиши мїмкїн деген кептер айтылууда.

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

Айбат пресс

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин бєлїмїндє катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №88

Нускасы: 5000


3

КЄ-ПЄЄС

ДЕПУТАТТАРДЫ САТЫП АЛГЫСЫ КЕЛГЕН, 500 МЛН. ДОЛЛАР БАЙЛЫГЫ БАР НАРИМАНЧИК КурСалиевичтин «уулу» Нариман Тїлеев эркин гезиттердин бирине курган маегинде: «1990-жылдардын башында бизнес кылып, 100 млн. доллар жыйнагам. Ал кезде азыркы кїркїлдєр маўкасын тарта албай жїрчї» деп мактанганын окуганбыз. Ал эми Нариманчиктин баштан ашкан байлыгынын бир бучкагын «Кыргызстан патриоттор» кыймылынын теўтєрагасы Назарбек Нышанов сїрєттєрї менен кошо жарыялады.

Нариман Ташполот уулу єткєн кылымдын 90-жылында эле миллионер болгом деп кєкїрєк какпасын, анын 2001-жылдан тартып мамлекеттик «Темир» ишканасын, 2005-2008-жылдары мамлекеттик «Кыргыз темир жолу» ишканасын жетектеген кезинде миллиондорду «уурдап» байыганы жєє жомок катары айтылып жїрєт. «Атакеси» Бакиевдин тушунда Бишкек шаарын жетектеп, 100 млн. сомго жакын каражатты чєнтєгїнє уруп жибергени ачыкка чыгып, учурда тїрмєдє отурат. Ушундан эле Тїлеевдин миллиондорду «таман акы, мандай тер» менен таппаганын билсен болот. Байлыкка манчыркаган адам бийликке жетсем дегенде «эки кєзї тєрт болуп» калат белем. Дегенибиз, мындан эки жыл мурда: «Менин 500 млн. долларым бар. Керек болсо депутаттарды сатып алып, премьер-министр болом» деп чамынып

чыккан. Айткан убадасына туруп, єкмєт башчылыгына талапкерлигин койду. Ордо оюнун жакындан билгендердин айтымында, Тїлеев єкмєт башчылыкка аттаныш їчїн «Ар-намыстын» 20 депутатына 50 миў доллардан «белек» кылган дейт. Єзїўєр деле элестеткиле: кайсы адам премьер-министрликке талапкеригин койгонго эле 1 млн. доллар сарптасын? Єз кїчї менен байлык топтогондор мындай кадамга бармак эмес. Ал эми Тїлеевге окшоп мамлекеттин казынасын єзїнїн капчыгындай пайдалангандар їчїн миллионду чачып коюш кеп бекен? Тємєндєгї сїрєттєр Тїлеевдин мїлктєрїнїн бир бучкагы экенин дагы бир жолу эскерте кетели. Анын мындай имараты жїздєп саналса керек. Андыктан, азырынча ушул сїрєттєрдї сунуштайбыз, калган байлыктарын кийинчерээк сїрєтї менен кошо шєкєттєгєнгє аракет кылабыз.

ан" соода борбору

Киев кєчєсїндєгї "Карав

Манас проспектисиндеги "Сапатко

м" бизнес борбору

Калык Акиев жана Токтогул кєчєлєрїнїн кесилишиндеги "Рахат пэлейс" соода оюн-зоок борбору

Карапайым элдин "Байзак" "соода

борбору"

Айбат пресс 18-январь, 2013-жыл


4

А. АБДРАИМОВДУН АЛКЫМЫ КАНТЕТ, ЫЯ

МИЛЛИОНДОРДУ КЫМЫРГАН БШК

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум єткєрїї боюнча шайлоо комиссиясынын тєрагасы Баасы: 3 700 000 сом Кубаттуулугу: 4,7 Чыгаша-100км: 35-30 л.

2012-жылдын 25-нобярь кїнї «Кыргыз Республикасынын жергиликтїї кеўештерге шайлоо» жєнїндє Мыйзамына ылайык 25 шаар жана 415 айыл аймактарында шайлоо єткєрїлдї. Шайлоого 1 291 541 шайлоочу катышып, 51,13 тїздї. Шайлоонун жыйынтыгы, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна ылайык 7545 депутат, анын ичинен 699 депутат шаардык кеўештерге шайланышты. Єткєн шайлоодо «Кыргызстан Жаштар Кеўеши» коомдук бирикмеси тарабынан эл добушун алып, 200 ашык депутат жергиликтїї кеўештерге депутат болуп дайындалышты. Биз, Кыргыз мамлекетинин жарандары катары жергиликтїї кеўешинин эл єкїлдєрї эл берген депутаттык мандатты, БШКнын Мыйзамсыз12 эсе кымбаттатылып жасалган депутаттык тєш белгилерди алууга каршы экенибизди билдиребиз. Тєш белги жана мандат їчїн эл єкїлдєрїнєн 700 сомдон чогултууга БШКнын укугу барбы жана кайсыл Мыйзамды негизинде мындай чечим кабыл алынган деген суроонун тегерегинде иликтєєбїздїн жыйынтыгы тємєндєгїдєй болду: (1) БШКнын тєрагасы Т.Абдраимов БШКнын мїчєлєрїнє маалымдабастан жеке чечим кабыл алып, эл єкїлдєрїнєн тєш белги жана мандат їчїн 700 сомдон чогултуу жєнїндє милдеттеме кабыл алган. Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдум єткєрїї боюнча шайлоо комиссиялары» жєнїндє 2011-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўеши тарабынан кабыл алынган Мыйзамдын 13 ст. 2, 3, 6, 7 п. 14 ст. 3 ж/а 12 п. 16 ст. 1п., 18 ст. 1,2,3 п. бузулган. (2) БШКнын мїчєлєрїнїн катышында 2012-жылдын 25-ноябрында єткєрїлгєн шайлоого карата кабыл алынган БШКнын бюджетинде депутаттарга тєш белги жана мандат їчїн 3млн. 465 мин сом каралган. Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдум єткєрїї боюнча шайлоо комиссиялары» жєнїндє Мыйзамдын 16 ст. 1 п. орой бузуп, БШКнын мїчєлєрїнїн катышында бекиген бюджетти аткарбастан, Т.Абдраимов ээлеген кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жеке чечим кабыл алуу менен єткєн депутаттардан 4 млн. 900миў сом чогулткан. (3) Т.Абдраимовдун кабыл алган чечимине ылайык БШК, Маалыматтык Технологиялар Борбору жана «Сатурн» фирмасы ортосунда тєш белгилерди жазатуу боюнча їч тараптуу Келишим тїзїлгєн. БШКнын мїчєлєрїнїн катышында кабыл алынган атайы Чечим же Токтом жок Келишимдерге кол коюуга Т.Абдраимовдун укугу жок. 18-январь, 2013-жыл

(4) Иликтєєбїзгє тактык киргизїї жаатында БШКнын бардык мїчєлєрїнє суроолорду бекитип кат аркылуу кайрылганбыз. БШКнын тєрагасынан сырткары 11 мїчєсїнєн їчєє тємєндєгїдєй жооп беришти:

гултуу чечими БШКнын мїчєлєрїнїн катышында Токтом же Чечим аркылуу кабыл алынышы керек жана бул Т.Абдраимовдун ээлеген кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы: БШК мїчєлєрї И.Кадырбеков, Н.Ашимов; (5) 2010-жылдагы Парламенттик жана 2011-жылы єткєрїлгєн Президенттик шайлоолордо кїрєєгє коюлган млн.сомдук каражаттар БШКнын атайын эсебинде бїгїнкї кїнгє чейин сакталууда. Анда эмне себептен элдик мандатка ээ болгон эл єкїлдєрїнє Мыйзамда каралгандай кїбєлїк менен тєш белги мамлекет тарабынан берилбестен, Мыйзам бузуулар менен коштолгон, алдап-тоноо ыкмасында алынган тєш белгилер берилиши керек? Бул принципиалдуу маселе болгондуктан, айрым аймактарда акча бербей койгон депутаттарга карата мазактоо, шылдыў-

• КР Жогорку Кеўешинин депутаттарына салыштырмалуу, жергиликтїї Кеўешинин депутаттарынын статусу бир, болгону аймактык айырма бар: БШК мїчєлєрї И.Кадырбеков, Н.Ашимов, Г.Журабаева;

• БШКнын мїчєлєрїнїн катышында расмий кабыл алынган бюджетте депутаттык тєш белги жана мандат їчїн 3 млн. 465 миў сом каралган жана анын аткарылышы Мыйзамда кєрсєтїлгєн. Мыйзамды бузуп, Т.Абдраимовдун жеке чечим чыгарганын Мыйзамсыз деп табабыз: БШК мїчєлєрї И.Кадырбеков, Н.Ашимов; • Депутаттардан акча каражатын чо-

доо ирээтинде -«Албасаўар койгула, бул силердин ишиўер» дегени БШКнын жана аны жетектеп жаткан Т.Абдраимовдун єз ишин билбегендик деп тааныйбыз. АШКнын мїчєлєрїнїн кїнєєсї жок, анткени алар БШКнын борбордон келген Буйруктарын аткарууга милдеттуу деп Жоболордо жазылган. (6) Айылдык Кеўештерде шайлоого катышуу їчїн кїрєє коюу алынып салынганына карабастан, шайлоого катышкан ар бир партиядан кичи шаарларда 20 миў сомдон, Бишкек шаарында 50 миў сомдон кїрєє коюулган. Анда БШКнын шаардык Кеўешинин депутаттарынан акча чогулттуусу кайсы Мыйзамга жооп берет? Же Т.Абдраимовдун чыгарган єздїк чечимдери Жогорку Кеўеш кабыл алган Мыйзамдардан кыйла єйдє турабы? (7) 7545 депутаттан 650 сомдон тєш белги їчїн чогултуп, аны кєбєйтсєк 4 904 250

сомду тузот. Ал эми биздин иликтєєбїздє: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўешинин депутаттарынын тєш белгилерин жазап берген Бишкек шаарындагы Байтик-Баатыр (Советский)-Киевский кєчєлєрїнїн кесилишиндеги «Рубин» алтын цехинде Кыргызстан боюнча эў мыкты темир, эў сапаттуу эмалдуу боек (краска), эў мыкты бекитме менен жазалган эў кымбат тєш белгинин баасы 220 сомду тїзєт жана андан ашпайт деп билдиришти. Ал эми, КР ЖКнин депутаттарынын тош белгилеринен айырмаланбаган «Кыргызстан Жаштар Кеўешинин» тєш белгилерин жазап берген цехтен 200 сомдон ашпаш керек деп белгилешти. Ошондой эле, Бишкек шаарындагы башка цехтерде жогорудагыдай жооп айтышууда. Эгерде 220 сомдон 7545 депутатты кєбєйтсє 1 659 900 сомду тїзєт. Анда калган 3 244 350 сом кайда? (8) БШК жыйнаган 4 млн. 900мин сомду эл єкїлдєрїнєн чогултууда БШК тарабынан квитанция кыркылып, же ведомость тїзїлїшї керек эле. Бирок, жогорудагы жол жобо аткарылган эмес. Бул БШКнын финансалык операцияларды жїргїзїїдєгї шалаакылыгы. (9) Тєш белгилерди жазатууда БШК тендер жарыялап жана Тендердин шарттары БШКнын єздїк сайтына жарыяланышы керек эле. Бирок маселени которгондон кийин БШК кооптонуп, 14.01.2013 жылы кечинде жалган маалымат тиркеп, тендерге жарыя сыяктуу Лот илген. Бул БШКнын махинациялык ыкмасы жана мыйзамсыз. Анда ким жооп берет? (10) Єткєрїлгєн тендерге болгону бир фирма катышып, утуп чыгып, жазады кылышты. Бул маселенинин їстїнєн тийиштуу укук коргоо органдары иликтеш керек? (11) Азыркы убакта мамлекеттик бюджеттин таўкыстыгы 23 млрд. сом, тышкы карызыбыз 3 млрд. америка долларын тїзїп турган кезде, БШК 50 сомдон 200 сомго чейин жазалчу тєш белгини 650 сомдон жазап жатканын негизсиз ысырапкерчиликке жол бергени деп тїшїнєбїз. Ал эми тєш белги їчїн каралган 3млн. 465мин сомду колдонуунун ордуна, бюджетти толуктайбыз имишинде їстїнє кошуп ар бир депутаттан акча чогултуу ойго сыйбаган иш аракет, жана мыйзамсыз. Жаўы шайланган эл єкїлдєр ЧУ дегенде Мыйзам бузуулар менен иш башташса, эртеўки келечегибиз кїмєн деп так айта алабыз. Депутат болуп шайланган соў, Мыйзамдын ар бир тамгасын сактоого умтулуу депутаттын милдетти. Ар бир депутат єзїнє туура баа берип, єзїн чынында элдикмин деп тааныса, баштапкы кадамын тазалыктан баштайт деп ишенебиз. Эгерде жаны депутаттар Мыйзам бузуулардын болуп жатканын билип туруп, унчукпай койсо, эртеўки кїнї ушул маселе боюнча элдин суроосуна тайманбастан так жооп бере албашында шек жок. Албетте 650 сом кєбїнє аз акча, кээ бирине болбогон тыйын. Бирок бардыгы аздыктан башталат. Ошондой эле, эл добушун алып, эл ишеничин алган депутаттар єз укуктарын коргой албаса, анда жєнєкєй элди маселе кылбай койсок болчудай! Шайланган депутаттарга маалымат бербестен мыйзамсыз акча чогулткан БШКнын жетекчилиги деги жоопко тартылабы деген суроого ой толготуп дагы кєрдїк. Акыры келип бийликтик партияларга, єлкє башчыларына такалдык. Эгер чынында Т.Абдраимов колундагы бийлиги менен, аны колдоп турган тараптарын чабуулга койсо, элдин їнїн укмак турмай, камап, жок кылууга алып келээринде шек жок. Бирок, биз бул иштин акырына чейин чыгаарыбызды билдиребиз. БШКнын жообуна ылайык, эмки сандарда мындан чон фактыларды жарыялайбыз. Кєзгє кєрїнбєгєн, кичинекей тєш белгиден млн.дор махинациялык жолдор менен жазалса, чоў иштерде млрд. жїгїрєт турбайбы дегенибиз далилденип турат. Кыргызстан Жаштар Кеўешинин теў-торагасы Жениш Молдокматов


5

САЙ-САТ

Жоомарт САПАРБАЕВ, ЖКнын “Ата Мекен” фракциясынын депутаты:

“ЖАШТАРДЫ БЕЧЕЛ КЫЛГАНГА МЕН КАРШЫМЫН” - Жоомарт мырза айтсаўыз, сиз жаштардын атынан ЖКда депутатсыз. Мамлекет тарабынан жаштарга кандай камкордуктарды кєрїлїп жатат? - Биз жаш болгонубузга карбастан эскиче ой жїгїртєбїз. Жаштарды кызматка мойнунанкармап тартыш керек деп, эскиче ой жїгїртєбїз. Тилекке каршы бул бизге мурунку муундан калса керек. Кайсы коомдун бєлїгїн коом,єкмєт коргойт? Колунан иш келбеген майыптарды жана башка мїмкїнчїлїгї чектелген адамдарга коом колдоо кєрсєтєт. Мен ойлойм жаштар бул бечел адамдар эмес. коомубуздун эў бир чоў бир бєлїгї. Андыктан жаштарды бечел

кылганга мен каршымын. Жаштар министрлигин тїзїп жатканда мен каршы болгом. Себеби. жаштар бїт министрликтерге тийешеси бар. Спорт, маданият министрлигине жаштар тийешелїї эмеспи? Аларды єзїнчє бєлїп чыгарып коюуу туура эмес. Азыркы Жогорку Кеўештин курамында жаштар да кєп. Бирок, алардын санына эмес, сапатына кєўїл бєлїїбїз керек. Жаштар саясатта жакшы эле активдешип, ар кайсы партияларда, коомдук уюмдарда арбын. Бул жакшы кєрїнїш. Бирок, бир, эки жылда баардык нерселер оўолуп кетет дегенден алыс болгонубуз оў. Биз тєрєлгєндє бул жашоодо баары жакшы болот деп эч ким убада берген эмес- деп, мен кээде тамашалап

айтып калам. Баары бир муун алмашат. Эртедир, кечтир жаштар келет. Табияттын мыйзамы ушундай. Андыктан ар ким єзї аракет кылуусу зарыл. Жаштарды жаш экенсиў деп, эч ким башынан сылап мамкызматка алып келип койбойт. Андай болгон эмес жана болбойт. Ар бир адам єзїнїн кїчїн кєргєзїп, таймашта утуп чыкканга аракет кылышы керек. Тилекке каршы 2010-жылдан бери мамлекетибизде экономикалык жактан єсїш болбой келет. Мен ойлойм жаздан баштап” Датка Кемин”, “Камбар- Ата 2” долбоорлору ишке кирип калса, жаштардын ал жерге катышуусу абдан олутту нерсе. Эгерде ошондой долбоорлор ишке ашып кете турган болсо, эконо-

микада кєтєрїлїї болот. Тилекке каршы патриоттук сезимди ар кандай тїшїнїп калдык. Бирєєлєр дарбазадан ашып тїшкєндї патриот катары тїшїнїп алдык. Мунун баарын туура тїшїнїї керек. Менин жеке оюм боюнча мурунку убактарга караганда жаштардын саясатка катышуусу жогору. Убагы келгенде булар такшалып чоў бир кїчкє айланышат. Ошондо экономкалык- саясый жактан алдыга жылуулар болот. - Жаштар тууралуу кандайдыр бир мыйзамдарды кабыл алдыўыздарбы? - Мен акыркы бир жыл ичи кредит маселелери боюнча иш алып барып келдим. Кыргызстандын кєптєгєн адамдары

банктардан кредит алышып, карыз болушуп їйлєрїн алдырып жиберишкен. Андыктан сїт корчулук боюнча мыйзамды кийирип жатабыз. Кайтарым пайыздарын чектеп жатабыз. Эгерде карыз алган жарандын акыркы їйї болсо банк аларга кредит бербеши керек. Жаштарды єзїнчє бєлїп мыйзам тїзїп берїї болбойт. Мындан сырткары сырттан инвестицияларды тартып келїї боюнча мыйзамдарды иштеп чыкканга кєп кєўїл бєлдїм. Себеби, сырткы инвестициялар к елбей жатат- деп, кєп айтып жатабыз. Сырткы инвесторлорду коргоо боюнча да кепилдик бербесек болбойт. Алар биздин мамлекетке ишенгенде гана келет. Акинай Айдарова

«Бульдозердун» «бет кабы»

БЕКНАЗАРОВДУН АКЧАГА БОЛГОН «СЇЙЇЇСЇ» КЇЧТЇЇ БОЛБОГОНДО, ЄЛКЄБЇЗ БАТЫРААК ОЎОЛОТ ЭЛЕ Азимбек Бекназаров туўгуч ажонун тушунда «Їзєўгї-Кууш» маселесин кєтєрїп чыгып, саясый айдыўда аты дїў болгон. Кыргыз жеринин Кытайга сатылып кетїїсїнє каршылык кєрсєтїп чыкканын чындыгында жалпыбыз колдоого алган элек. Анын сот иши узакка созулуп, Аксылык туугандарыбыз кара жандарын да аябай Азимбек мырза їчїн туруп бергенин да билебиз. Чындыгында эле кыргыз эли оттон да, октон да тайманбаган эл экендигин кєрсєткєнбїз.

Туўгуч президенттин калпыс саясатына нааразы болуп, канчалаган журналисттер Бекназаровдун таламын талашып, їйїнє чейин барып, ємїрлїк жубайынын да абалын сурап турушчу. Ошондо анын жубайы: «Биздин болгон байлыгыбыз эле ушул» деп кєп кабаттуу їйдєгї эки бєлмє квартирасын, анын ичиндеги азыноолак эле жумшак эмеректерин кєрсєткєн эле. «Чыныгы элдик патриот экен, биздей эле жашайт турбайбы» деген ойдо калган элек ошондо. Анан эле жылдардын жылмышуусу менен Азимбек Анаркуловичтин кабат-кабат

хансарайлары, баасы асманды чапчыган автоунаалары пайда болду. Анысы аз келгенсип, Бишкектеги «Нурсуфра» кафеси дагы ага тиешелїї экендигин билдик. Миў иштерман болсо дагы, бир нече жылдын ичинде мынчалык байлыкты топтоо Кыргызстандын шартында реалдуу эмес экендигин кантип жашырабыз? Карапайым адамдар айлыктан айлыкка эптеп жашап жатышат. Дордойдо иштегендер деле алды эки кабат їй салганы менен, Бекназаровдукундай байлыкка ээ боло элек. Мындай табышмактуу байуунун артында эмне тургандыгы тууралуу акыркы кїндєрї басма-сєз беттеринде кеўири жазыла баштады. Ага «ит їрє берет, иш жїрє берет» деген макалды адашпай айтып коюшуп, баласы Руслан экєє оппозиционер болуп жїрїшєт. Баласынын да колу таза эмес экендиги тууралуу айтылган. Кайсы бир банктын ячейкасына колун салып ийип, 2 миллион долларды илип кеткени ММКда жазылган. Анан бїгїн болсо Азимбек мырзанын бети чымырабай бїгїнкї бийликти сындап: «Арабаны тарта албай жатышат» деп келет. 7-апрель окуясынан кийин Бекназаров кїч структурасын жетектегенин белгилїї. Революция болгон кїндєн тартып эле, ашынган коррупционерлер, айрым эксчиновниктерге издєє салынып, кылмыш

иштери козголгон. Ошол эле Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков, Нариман Тїлеев, Нурлан Сулаймановдорду издєєгє алышып: «Бакиевдин куйруктары» деп атап, табылса эле «жайлайбыз» деп курман болгон балдардын туугандарын сооротуп отурган ким эле? Бекназаров эмес беле! Анан эмне болду? Бир нече ай єтпєй Нариман Ташполотович ууртунан жылмайып Кыргызстанга кирип келди. Эми Бекназаров кармап алып, сазайын берет болуш керек деп атсак, ал Жогорку Кеўешке депутат болуп отуруп алды. Бакиевдин артынан кошо качышкан Ташиев, Келдибеков, Сулайманов, Жапаровдордун карааны кайрадан саясый айдыўда пайда болду. Ошондо кїч структурасын мыкчып турган Азикеге эмне болду эле? Бекназаровдун байып кетїїсїнїн негизги себептери ушул жерде катылган эмеспи. «Силерди боштондукка чыгарам, миллиондордон бери «чозуп» койгула. Андан кийинки тагдырыўар єз колуўарда» деген да Азике экенин тар чєйрєдєгїлєр алигиче айтып тїгєтє албай жїрїшєт. Анан алар элдин эсебинен басып коюшкан миллиондордон Азимбек мырзанын чєнтєгїнє салышып, батпай калганын баласынын чєнтєгїнє ныкташып, натыйжада жадырап-жайнап боштондукта калышып, єлкєбїздїн батыраак оўолушу їчїн колдо-

рунан келишинче бут тосуп келатышканы жалганбы? Анткени, алардын негизги эле ою – бїгїнкї бийликтин кандай жол менен болсо дагы кулатып, Бакиев деген бирине ата, бирине агасын алып келїї. Корккондору – баары бир мамлекеттин эсебинен жеген-ичкендери їчїн жоопко тартыла тургандары. Ошондуктан, эптеп эле єлкєдє стабилдїїлїктї жоготуу, чет мамлекеттердин алдында бийликти алсыз кылып кєрсєтїї менен алек болуп келишет. Эми ошол єзї айтмакчы: «Бакиевдин куйруктарына» Азимбек мырза адвокат болуп жїрєт. Кыязы, дагы миллиондордон «чозуп» коюшса керек? Же баягы алган акчаўды айтып коебуз деп коркутуп жатышабы? Ким билет… Ырас, апрель революциясынан кийин эле тим эле катуу єнїгїп кеттик деп айталбайбыз. Бирок, бийликтин аракети натыйжалуу болуп жаткандыгын, конкреттїї пландар бар экендигин оппозиция болсоўор деле, мамлекетибиздин келечеги їчїн ачык эле айтып койбойсуўарбы? Ошол эле учурда: «Бийлик арабаны тарта албайт атат» дейли, анда ага Бекназаровдун дагы салымы бар экендигин билгиси келбейби? Жогоруда аттары аталган «Бакиевдин куйруктарын» акчага азгырылбай, жазасын бергенде єлкєбїз батыраак оўолот беле? Алар же олуттуу сунуштарын айтып койбой, жєн эле опурулуп жїрїшпєйбї? Эсиўизге келбейсизби, Азике! Мындай туура эмес жолдо жїрє берсеўиз, акыры Аксынын эли єздєрї сизди мамлекеттен кубалап чыкпасын. Самара Саламатова 18-январь, 2013-жыл


6

КАПЧЫК

ДЕКЛАРАЦИЯДАН КАЗЫНАНЫ КАМПАЙТАБЫ ЖЕ ЄЗ ЧЄНТЄКТЄРЇНБЇ? Кыргызстан акыркы убакта казынасын толтура албай ар кандай булактардан акча табуу менен алек. Жакында эле 18 жашка чыгып паспортко ээ болгон жана айлык кирешеси бар жарандар болгон байлыгын кєрсєтмєй болушту. Бирок, элдин дїрбєп кетишинен чоочуган бийлик жалпы жарандардын салыктык декларациясын 2014-жылдан баштоо сунушталып, азырынча ушуга эле токтолгонсуп турушат. Албетте, эл дагы єкмєт дагы буга даяр эмес. Себеби, мындай максатты ишке ашыруу їчїн атайын жолдорду ойлоп табуу керек болуп турат. Аны менен катар эле элди кєндїрїї керек. Бул жерде карапайым элди кєндїрїї эч нерсе эмес, чиновниктерди жана байларды кєндїрїї кыйын. Себеби, болгон їй-мїлкїн, кирешесин жана мал-жандыктарын жаап жашырып келишет. Бїткїл дїйнєлїк милиардерлер клубуна мїчє болгон мурдагы башбакан Ємїрбек Бабановдун декларация толтурганын карап кєрїп, кедей экен деп кетесиў... Бул декларация толтуруп аткандагы убакыт анын мамлекеттик жогорку кызмат премьер –министрлик кызматты аркалап турган маалы эле. Бул жосунун атайын элге жагынуусу катары бааласак болот. Мындан башка дагы бийликтеги олигархтардын киреше булактарын кєрїп алып, акчасы жок байкуш катары кабыл алууга мажбур болосуў. Эми ушул декларация системасын Кыргызстанга киргизсе ким байлыгын жаап жашырат деп кепилдик бере алат. Эгерде жамы журт декларация толтура турган болсо, жер

їлїшї бар студенттерден єйдє єз кирешесин бирдиктїї декларацияны толтурууга милдеттїї. Андан дагы лотерея утушуна ээ болуп калсаў да анын кайсы бир пайызы декларация шарты боюнча мамлекет казынасына тїшїшї керек экен.

КЫРГЫЗСТАНДА БИРДИКТЇЇ ДЕКЛАРАЦИЯНЫ ТОЛТУРУУГА МИЛДЕТТЇЇ 3 МЛН. КАЛК БАР Мейли, декларацияга ылайык ар бир жаран жер, їй, авто-унаа, айлык, кыскасы, ээлик кылган мїлкїн кайдан тапканын жана киреше булагын кєрсєтїїгє милдеттїї дейли. Бирок, мыйзам кабыл алынса да калк єз ыктыяры менен жапырт келип єз байлыктарын ачыкка чыгарарына ишенїїгє болбойт. Айтор, єкмєт бирдиктїї декларацияны толтуруу боюнча элге канчалык тїшїндїрїї иштерин жїргїзгєнгє аракет кылбасын, азырынча эч кандай эффект бербейт. Ар бир салыкчы профессионалдык дыкаттык менен ар бир жарандын толтурган декларациясына аярлык менен мамиле кылып, мїлк ээлеринин чама-чаркын туура таразалай алаар болсо мейли десек жарашчудай. Азыркы учурда бул сыяктуу иштерди жасоого алы жетпейт. Жер їлїшї бар студенттерден єйдє єз кирешесин бирдиктїї декларацияны толтурууга милдеттїї болсо, контракт боюнча билим алган студенттер ата-энесинин тапкан ташыганы менен жашаары турган иш. Муну кїлкї келээрлик иш деп балоого болот. Бирок, ошондой болсо дагы

бул жєрєлгєнї колдогондор да четтен чыгат. Мисалы, “Ариет” демилгечилер тобунун тєрагасы Атай Бейшенбек уулу негизи ар бир жаран декларация толтуруусунун кабыл алынуусуу туура болгондугун ырастайт. Анын белгилєсїндє, “бийлик єкїлдєрї жана башчылары тилекке каршы чындыкка жакын маалымат бербей жатканын кєрїп жатабыз. Баардык мїлктєрїн туугандарына же жакындарына каттап коюп, жогорку постторду ээлеген чиновниктер декларацияга жалган гана маалыматтарды берип жатышат. Ємїр бою мамлекеттик кызматта иштегендер азыркы учурда эў кымбат унааларды минип заўгыраган “сарайларда” жашап жатканын кантип тїшїнсє болот. Менин оюмча, бул декларацияны да колдоочу кошумчалоочу мыйзамдарды иштеп чыгып реалдуу мїлктєрїн, кирешелерин жана айлык маяналарын командировка жана башка кошумчаларын эске алуу менен кєрсєтїї керек”дейт, Атай Бейшенбек уулу. Декларацияга маалыматты жашыруудан арылуу єтє татаал. Ким болбосун байлыгын ачыкка чыгаргысы келбейт. Бейєкмєтчї Нурбек Токтокуновдун пикиринде, бул багытта каржы полициясы иш алып барыш керек. Ал эми финполдун їстїнєн эл кєзємєл кылып, бири-бирин кєзємєлдєє жолу менен байлыгын жашыргандардан арылса болот. Ал эми эркин журналист Мирлан Кулбаев алдамчылык менен байлыгын жашыруунун чечїї жолун декларацияга катталган мїлктєрїнїн салыгынын баасын азайтуудан кєрєт. Анын айтуусунда, мамлекеттик кыз-

маткерлердин абалы баардык журтка маалым болуп турушу керек. Анткени, ал мамлекеттик кызматкер болгон соў, ал байлыкты каяктан топтогону жана аны чындыгында таза топтогону белгилїї болуп турушу шарт. Бирок, декларация топтогон чиновниктер туура толтурганы кїмєн туудурат. Ал эми азыркы учурда декларация дегени менен аны бир да аткаминер туура жана так толтурган жок. Туура толтурган кїндє да ал мїлктєрї башка адамдага жазылган, алар мыйзам чегинде баарын тууралап коюшкан дегендей... Себеби, ар бир мїлк їчїн салык тєлєшї абзел. Механизмин айта турган болсок, мїмкїн декларациянын салыгын азайтыш керектир. Анткени, жогору салыктын єлчємї боюнча КМШ єлкєлєр арасында биздин мамлекет алдыда турат.

Муну менен катар “арнамысчы” Тєрєхан Жунусбеков мїлктєрїн жашырганды токтото албайбыз. Токтотобуз деп кайрадан коррупцияны кїчєтєєрїн айтат. Анын баамында, Президент баш болуп мїлктєрдї жашырганын токтотпойт. Аны жазында Бабановдун мисалынан кєрбєдїкбї, бир эле квартирасы бар экен дегендей... Бул жерде массалык тїрдє коррупция болот. Эгер президент єзї башында туруп каттоочуларды катуу жазаласа, анда кереги бар. Ал эми декларация толтуруу менен салык тєлєй баштаган єнєктїктє карапайым элдин эле башын келген мїшкїл. Элдин чєнтєгїн эсептеп салык ойлонуп табыш керек. Коррупция да кїчєйт “меникин аз кылып жаз” деп пара бермейлер старт алат. Аида Ишенгулова

Бир собол

- ИИМдин Коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен кїрєшїї боюнча тїштїк аймагынын башчысы полковник Т. Шоноевдин єлїмї боюнча тїрдїї божомолдор айтылууда. Анын ичинде кылмышкерлердин баш кєтєрє баштагандыгы тууралуу сиздин пикириўиз кандай? Марат Иманкулов, УКМКнын мурдагы тєрагасынын орун басары, генерал:

же мындай деп ар кандай жыйынтык чыгарып коомчулукка жарыялай берген болбойт. Мен азыр ал тармакта иштебей жаткандан кийин бир нерсе дешим да кыйын. Єлтїргєндєр табылса, аны буйругандар табылса анан баары ачык болот. Мирослав Ниязов, генерал:

- Кызматтык ишине, же болбосо єзїнєн єйдє турган бирєєлєрдїн куйругун тебелеп алышы, кримналдык разборка болушу мїмкїн. Бирок, ал окуяны андай 18-январь, 2013-жыл

- Эми тергєє баарын кєргє-

зєт. Азыр алдын ала тигиндей же мындай болду деген туура келбей калат. Ишине байланыштуу болушу да мїмкїн. Республикабыздын тїштїгї наркотикалык заттардын ташылышы боюнча алдыўкы орунда турат. Болгону тергєє ачык айкын болсо баардык чындык ачыкка чыгат. Табылды Акеров, саясат

тануучу: - Негизинен кыргызстанда коомдук абал туруктуу эле. Ал эми криминалдардын баш кєтєрїп жаткандыгы тууралуу ар кандай ой пикирлер бар. Бул жагынан Шоноевдин єлїмї шек жаратып койду. Коррупция, уюшкан кылмыштуулук менен болгон кїрєштїн кїч алып жаткандыгына байланыштуу алар да кандайдыр сес кєрсєтїї максатында кандайдыр бир аракеттерге барып жатышы шексиз. Алардын артында саясый кїчтєр, оюнчулар болушу мїмкїн. Кыргызстанда туруктуулук сакталбай калса аны єз кызыкчылыктарына пайдалануумаксатында аракеттер болбой койбойт деп айта албайбыз. Себеп дегенде жаз келип кїн жылыса митинг, пикеттердин убактысы башталат. Кыргызстан чакан мамлекет болгондуктан ак-

чалуулар їчїн чайкап жиберїї анчалык деле оорчулукту жаратпайт. Тилекке каршы ушундай жаман жолго тїшпєй мамлекетибиздин єнїп –єнїгїшїнє салым кошсок жакшы болот эле. Учурда Анапиаевдин балдары жасады деген божомолдор айтылып жатат. Андай болгон кїндє деле Анапиаев заказ берди деп тыянак чыгаруу кыйын. Ал балдар азыр кайсы бир чиновниктердин кєзїн карап, алар буйрук берип коюушу мїмкїн. Буйрук бергендер кыргыз парламентинде же болбосо министрликтерде отурушу мїмкїн. Акинай Айдарова


АРКЫ ЖЭЭКТЕН «СЇЙЛЄЙБЇЗ»

7

ОППОЗИЦИЯНЫН «БАРБАРОС» ПЛАНЫНДА КАНДАЙ СЫРЛАР КАТЫЛГАН? Кыргызстандын саясый аренасында салтка айланып калган сценарий жылына эки жолу кайталанат. Ар жыл сайын жаз, кїз мезгилинде борбордук аянтта «кетсинизм» обону созолонуп, бийликти тепкилемей кєнїмїш нерсеге айланды. Ал эми кыш чилдеси чыга эле атып, элге, мамлекетке кїйгєндєй тїр кєрсєтїп, бирок, тїпкїлїгїндє бийликти кєксєгєн о��позиционерлер жазгы «демаршка» камдана башташты. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бийлик «абысыўынын» жазгы чабуулу тємєндєгїчє єнїгїшї ыктымал.

Кыргыз саясатында «бульдозер» лакап атка эгедер Азимбек Бекназаров айрым басылмалар тамашага салып жазгандай, революцияда жыйнаган миллиондогон «долларбайлары» тїгєнсє эле кечээ эле їзєўгїлєш жїргєн санаалаштарына каршы чыгып, бийликти алмаштырам деп чамынып калат. Єткєн жылы Конституциялык соттун палатасына єтпєй калды эле, дароо оппозиция жээгине жармаша калып, «яркий» оппозиционер болуп чыга келди. Азике да жазгы сезонго даярданып аткан кези. Мисалы, 14-январда «Кыргызстан жашылдар» партиясынын кеўсесинде Эркин Бєлєкбаев, «Кыргызстан жаўы кїчтєрї» кыймылынын активдїї єкїлї Т.Насеков, «БЭК» партиясынын лидери Мамбетжунус Абылов жана «Асаба» партиясынын лидерлеринин бири А.Чолпонбаев менен жолугушуу єткєргєнїн кєргєндєр бизге айтып келишти. Жолугушууда оппозициялык «Эл їнї» кыймылынын Баткендеги «Сох» анклавынын тегерегинде болгон окуяга карата билдирїїсї талкууланыптыр. Анын негизинде кыргыз бийлиги «Сох» маселесинде чабалдыгын кєрсєттї деп бир беткей сындамай билдирїї даярдалып, ал билдирїїнї «КГБ» («Кыргыз гезиттеринин биримдиги») курамындагы «Учур», «Деньги и власть», «Алиби», «Майдан» сыяктуу гезиттерге жарыялоо чечими кабыл алынды дейт. Ошондой эле

22-23-январда Ош мэри Мелисбек Мырзакматов менен сїйлєшїї жїргїзїї їчїн «элчи» катары А.Бекназаров менен М.Абыловду жєнєтїї чечимине токтолушканын кулагыбыз чалды. Жеке эле “Сох” эмес, кошуналар менен такташчу чек аралар бар. Бул кєйгєй бїгїн эле чыга калбаганы белгилїї. 20 жылдан бери чечилбей келген кєйгєйдї дароо чече салыш кыйын, ал їчїн, убакыт талап кылынары айтпасак деле тїшїнїктїї. Ал эми Бекназаровдун урунтту учурду колдон чыгарбай, “Сохту” саясатташтырып, жеке кызыкчылыгына пайдалангысы келгенине жол болсун! Антип саясатташтырып, элдин башын айландыргандын ордуна, чек ара кєйгєйїн чечїїчї конкреттїї сунуштары болсо коомчулукка ачык жарыялабайбы десеў. Таза унутуп кала жаздаган турбайбызбы, Азимбек мырза абакта жаткан їч «ата журтчунун» (К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов) жакын туугандары менен жолугушууларды єткєрїп, алардан финансылык колдоо сураганы айтылууда. Алардан кандай жооп болгонун так айта албайбыз.

Ошентсе да, «бульдозер» жетектеген оппозициялык топ марттын башында Ош, Жалал-Абад, Ысык-Кєл облустары жана Бишкек шаарында массалык нааразычылык акциясын єткєрїп, анда чегара кєйгєйлєрїн чечїї, баягы эле «Кумтєр» алтын кенин улутташтыруу, абакта жаткан «ата журтчуларды» бошотуу талабын коюу пландалганына караганда иш оў жагына чечилген єўдєнєт…

«ЭЛ ЇНЇ» КИРИТКЕ ЧАБЫЛЫП, «КДК» «ТУУЛАБЫ»? Азимбек Анаркулович єзїнчє «фронт» тїзїп атса, ага улагалаш «Алиби» гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков, абактагы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров, Чынгызхандын «тукуму» Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев менен биргеликте жаўы оппозициялык кыймыл тїзїї демилгесин кєтєрїїдє. Бабырбек мырзанын бул демилгеси жїзєгє ашса, анда «Кыргызстан демократиялык кыймылы» («КДК») аталыштагы жаўы кыймыл «туулушу» ыктымал. «КДКнын» башкы максаты – март айынан тартып Жогорку Кеўешти мєєнєтїнєн мурда таркатуу, єкмєттї отставкага кетирїї демилгесин кєтєргєн мєєнєтсїз митингдерди уюштуруу. Ушул жерден бир кызык жагдайды ба-

са белгилейли. Ємїрбек Бабанов «Республика» партиясынын борбордук штабын жаап, саясаттан убактылуу четтегендей тїр кєрсєткєн эле. Бирок, бул анын кезектеги тактикалык кадамы экенин, ал кємїскєдє команда тїзїп, саясатын жїргїзїп атканын гезитибиздин єткєн санында кабарлаганбыз. Айткандай эле Ємїрбек Токтогуловичтин кємїскєдє туруп алып оппозицияга колдоо кєрсєтїп атканы туурасында кеп кетти. Ага кулак тїрсєк, оппозициянын єкмєттї отставкага кетирїї, Жогорку Кеўешти мєєнєтїнєн мурда таркатууга арналган митингдерди каржылоону Бабанов єз мойнуна алган имиш. Б.Жээнбеков демилгелеген «КДКнын» желеги алдында оппозициянын экинчи тобу биригиши ыктымал. Албетте, бул оппозициянын кезектеги саясый тактикасы болушу мїмкїн. Себеби, биринчи топтун аракетинен майнап чыкпаса, экинчи топтун аракети жїзєгє ашабы деген илгери тилек болсо керек. Ал эми «КДКнын» катарына ар жээкте, ар партияга секирип жїрє берген Ємїрбек Суваналиев жана анын кандосу Бегалы Наргозуев, «кємїр королу» Нурлан Мотуев, генерал Кубатбек

Кожоналиев, ИИМ министринин мурдагы орунбасары Кубанычбек Кадыров сындуу єзїн оппозиционер санагандар киргени бизге маалым. Дагы бир ирет кайталайлы, бул топтун «демєєрчїлїгїнє» Ємїрбек Бабанов дайындалганын «КыДыКычылар» мактаныч менен айтып жїргєнїн уккандар бар.

зиционерлердин тїпкї максаты эптеп эле бийликке жетїї экени билинип калды. Ал эми аналитиктердин баамында, Кыргызстан кезектеги «революцияны» кєтєрє албайт, анда эле мамлекетибиздин жоголгону ошол! Жогоруда ысымы аталган «тентектер» ушуну билип турса да амбициясын жыя албай, от менен ойногону таў

БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛЫШАБЫ?

калычтуу. Булар «оюндан от чыгып» кетерин, анын кесепетинен мамлекетибизден айрылып калуу коркунучу жаралганын сезсе да радикалдуу кадамдарга барууну кєздєшкєнї - бїгїнкї оппозициянын табигый жїзїн ашкерелейт эмеспи. Кудай єзї сактасын дейли, ошентсе да, мамлекетибиздин эгемендїїлїгїнє доо кетчї болсо, оппозиция лидерлери биринчилерден болуп артын карабай качары турган иш. Алардын чет єлкєдє жыйып койгон байлыктары, ачып койгон бизнестери бар. Баягы эле карапайым калк оозубузду ачкан бойдон калабыз. Андыктан, оппозициянын бал тилине азгырылып, аларды ээрчирден мурда, алардын жаздагы кадамы Кыргызстаныбызды жардан алыс тїртєрїн тїшїнїшїбїз абзел. Себеби, Кыргызстаныбыздын бїтїндїгї, стабилдїїлїгї - бизге, карапайым элге гана керек. Жаўыдан тїптєлїп келаткан эгемен мамлекетибизди эч ким бизге бербеши турган иш, бул жараткандын берген белеги. Ошон їчїн, мамлекетибизди сактап калыш їчїн жабыла аракет кылганыбыз оў… Акинай Айдарова

Былтыр 3-октябрда «Кумтєрдї» шылтоосу менен бийликти басып алам деп элирген Ташиев, Жапаров, Мамытов мыйзам чегинде жазага тартылганы турат. Ошондой эле ыкманы жазында колдонуу маселеси Сабыр Жапаров, Кубатбек Кожоналиев, Нурлан Мотуев жана Бабановдун Турат аттуу тууганы 14-январдагы жолугушууда кыйытышканы кызык. Укканыбызга караганда, оппозиция лидерлери алыскы аймактарда элди кєтєрїп, райондук, облустук администрацияларды басып алууну пландап аткан имиш. Андан соў Ак їй менен Кєк їйгє чабуулга єтїїнї кєздєшкєнї чынбы? Бейрасмий маалыматка караганда, пландалган «тєўкєрїшкє» Талас облусу боюнча Б.Жээнбеков, Є.Бабанов жана Є.Суваналиев, Чїй облусуна Кубатбек Кожоналиев, Нарын облусуна Є.Мусабеков, Жалал-Абад облусуна Шайырбек Ташиев (К.Ташиевдин тууганы), Ысык-Кєл облусу боюнча Кубанычбек Кадыров координатор болуп дайындалганын укканда кулагыбыз тикчийди. Мынакей, эл їчїн кїйїмїш эткен оппо-

18-январь, 2013-жыл


8

ОМ-ЭЙ

“ЭЛ ИШЕНГЕН Жогорку Кеўешке не деген каражаттар кетип жатат. Анан дагы жаўыдан шайланып келишкенде кызмат машинелерин, айдоочу, жардамчыларды албайбыз дегендерине эмне дейсиў? Андай убадаларын эки ай єтпєй унутушуп, кошоктоп жардамчыларды ала башташканын кыязы карапайым калк билбейт дешет єўдєнєт.Мындай сасык иштеринен улам мурда президент, єкмєт, Жогорку Кеўеш батып отурган Ак їйгє батпай чыгышты. Учурда биринчи кабаттан 7-кабатка чейин бош коридорлордон, тамеки тарткан аянтарынан бери кабинет кылып алышып, кудум аарынын уюгун элестетет. Фракция, коалициянын аппараттарына канча каражаттар кетип жатат. Мурдагы ЖКнын бир эле аппараты болсо бул ЖКда эки, їч аппарат пайда болгон. Жарды мамлекетибиздин, элибиздин жонуна минип отурушкандыктарына анан кантип жаныў ачыбай койсун. Деги ЖКнын депутаттарынын кылыгын айта берсек тєє кєтєргїс. 7-апрелдеги талап тоноочулукка шектелген депутаттык комиссиянын иши ушу кїнгє чейин коомчулукка чыгарылбай келет. Кечээги шаардык жана жергиликтїї кеўештерге болгон шайлоолордо “Республика” партиясынын жаштар канаты тарабынан коомчулукка айгинеленген кєз будамайлоолор жабылып туру. Ал эми ЖКнын депутаттарына канча каражат кетип жатканына єзїўїздєр кїбє болуўуздар, урматтуу окурман!

18-январь, 2013-жыл


ОМ-ЭЙ

9

ЭЛ ЄКЇЛДЄРЇ

18-январь, 2013-жыл


10

«ЧЫЎЫРГАН ЧЫНДЫК»

УЛУТУН УРМАТТАГАН ЖАЛГЫЗ УРМАТ АМАНБАЕВАБЫ?

К. ДЇЙШЕБАЕВ “ДЇЎК” ЭТТИ

«Убадага сараў адамдар гана айтканын так аткарат». (Ж. Ж. РУССО) Єткєн жыл єз нугу менен кетип, эми минтип жаўы жылан жылынын тамагын да татып баштадык. «Чыгаша чыкмайын киреше кирбейт» демекчи анча-мынча болсо да айтып-дей турган жылыштар болбой койгон жок, ага да шїгїр. Тилеке каршы кендирибизди кезген кемчилигибиз да жык жыйма. Анын баарын бирден санап отурбастан эў башкы кєйгєйїбїзгє айланып бара жаткан Эне тил маселесинин айланасында сєз козгоп, улут кєйгєйїнє айланып калган ушул маанилїї маселени кайра баштан кабыргасынан коюп, дагы да болсо калыў журт эсине салып турбасак болчудай эмес. Добулбас кагып, кыйкырып-єкїргєнїбїзгє чейрек кылымга жакындап бара жатат, жыргата турган жылыш кєрїнбєдї. Ток этээрин айталы, улуттук тил маселесинин ордунан жылышына єздєрїн ошол эле улуттун єкїлїбїз деген кара чечекей«кандаштарыбыз» каратып туруп эле каршы чыгып, бут тосмойлору кїчєгєндєн-кїчєп, кєпчїлїктїн жанын кашайтып бїттї. Алардай ичтен чыккан ийри жыландардын аттарын атабай ак койо туралы. Эне тилин чанган «эргулдарын» элибиз деле жатка билет. Анысы ал болсун. Ал эми бїт дїйнє эли Эсепкерди (Компьютер) эбак эле єз тилдеринде єздєштїрїп, сїйлєтїп, жер шаарынын кайсы гана жеринде болбосун, жїрбєсїн эч кимдин кабак-кашын карабай этпей эле каалагандай єздєрїнїн тилдеринче жазып, жыргап калгандарын жакшынакай билебиз. Тагыраак айтканда элїїдєн ашык эл, алардын ичиндегилерден алыс чыкпай эле береги кошуналарыбыз Казактар, Єзбектер, Тажиктер жана Тїркмєндєр єз тамгаларын Эсепкер жайгашка дїйнєлїк стандарт менен тээ качандыр эле орнотуп алышкан. Ал эми бизде азыр анын карааны да жок. Ал боюнча айтып-деп кайрылган аракетибизге «кайдагыны айтасыўар» деп кабагын карыш тїйгєн «калк каймактары», чечип берели дегенди мындай кой, тим эле чекелери тырышып-бырышып безге сайган немедей так секирип качышат. Єткєн жыл бою кыргыз ЄЎЇ жєнїндє какшай берип, барбаган, кирбеген, даттанбаган жерибиз деле калбады. Эў эле биринчи баштаганда жалпыбыздын «Эсепкерибиздин ээси» аталган атактуу «Майкрософтко», анын башкы билерманы Билл байкебиз Гейтске ачык кайрылуу кат жазып даярдап, дээрлик кыргыз басылмаларынын бардыгына жарыялаганга їлгїрїп, аталган ишкананын «ишин ирээтке салып, бардыгын чечет» деген башкы деректири Стивен Балмерге багыштап катары менен їч ирет расмий кат жолдодук. «Кыроо» деп да коюшкан жок. Андан соў ошол атактуу ишканада иштєє мїмкїнчїлїгїн алган «акжолтой» мекендешибиз Акжолго да бир канча ирет кайрылдык. Эмнегедир Акжол инибиз дагы ар кандай аргументтерди айтуу менен гана чектелип, жылыш да, жыйынтык да жасаганга жарабады. Айлабыз кетип, аргабыз тїгєнгєндє акыйкаттык издеп КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) Турсунбек Акунга кайрылып кєрїїнї туура деп таап, калдайган кайрылуу катыбызды кєтєрїп алып Акун мырзанын алдына бир эмес беш ирет бардык. Адеп кабыл алганында Акун мырза кызылдай эле кыргыз экенин, 18-январь, 2013-жыл

мындай иш їчїн керек болсо кызматын кыйып жиберээрин да кыйытып, єлбєгєн жерде калаарын айтып, укмуш убада менен узаткан. Арадан аз єтпєй катыбыздын бир кєчїрмєсїн Башбаканга, бир кєчїрмєсїн КР Билим берїї жана илим министрлигине жолдогонун шардана кылган. Башбаканга кеткени ошол бойдон баш оту менен жоголду. Министрликтен министр орун басарынын «бээ десе тєє» дегенге тете тетири кеткен «былжырак» тїшїнїктєгї жообу келди менен бїткєн. А Акыйкатчыбыздын айткан убадасы айткан кабинетинен алыс чыкпай унутулду. Берген убадасын унутуп аягында Акун ажы акебиз ар кандай шылтоо айтымыш этип качып кутулду. «Барекелде» дегенден башка сєз таппай болгону їшкїрїп гана тим болгонбуз. Кыйкырып, чыўырган чындыгыбыздын кыскача таржымалы єткєн жылы мына ушундай аяктаган. Биз ошентип чымын-куюн, ойго-тоого чуркап жїргєнїбїздє эл шайлаган депутаттарыбыздын кээ бирлери дагы алакан жайып отурушбаптыр. Тилибизге кїйїп-бышып, олуттуу маселелерди кєтєрїп чыгып, жыйынтыгында бир аз чеке жылытаар чекке жетип турганы да кубандырбай койбойт. Алардын арасынан кескин айырмаланган депутаттар Урмат Аманбаева менен Курмантай Абдиевдин улуттук тилге жасаган мамилеси мактоого татыйт. Ошол себептен аталган ушул маанилїї маселебизди урматтуу депутатыбыз Урмат айым Аманбаеванын атына багыштап, кабардар кылып, расмий кайрыла кетели дедик. Биздин, «Фейсбук» социалдык тармагындагы «Кыргыз Кєчї» тобунун дагы ак эткенден так этип кєздєгєнї дагы Эне тилибиздин єркїндєп єсїшї аркылуу калыпка салынышы, топтун кїн тартибине койгон эў негизги маселеси жана ушул баштаган маанилїї ишибизди аягына чыгаруу аракети бїгїн да кадимкидей кїчїндє экенин єзгєчє баса белгилеп кетмекчибиз. Биз єзїбїз улут катары толук кандуу бутубузга туруп, жок болуп кетпей, улуу эл экенибизди тастыктай турган эў башкы ыйык куралыбыз бул Эне тилибиз экенинде шек жок. Тилибизден, дилибизден айрылганыбыз, ал улуттун жоголушу деген эле сєз. Сиз муну абдан жакшы билесиз урматтуу Урмат айым!. Кєтєрїлїп жаткан маселе эў эле кєйгєйлїї, ары абдан орчундуу. Бїгїнкї кїндєгї дїйнє жїзїн электрондук, Эсепкер байланыш чырмап, ар бир улуттун кызыгуусу артып, заманбап єнїгїї кїчєп турганда, биз, кыргыздар

мындай байланыштын маанилїї жагынан аксап, артта калганыбыз абдан єкїнїчтїї жана уят. Бул туура эмес, биздин оюбузча мындай мамиле бїтїндєй бир улуттун укугун тебелеп, тїздєн-тїз кемсинтїї деп эсептейбиз. Єлкєбїздє ар кандай жолдор менен єздєрї жасалма тергич жасап алышып, єз кызыкчылыктары їчїн сатып жїргєндєр дагы жок эмес. Бул болбогон нерсе, мындан эч убакта жыргатаар майнап чыкпайт, себеби андай тергичти мисалы, чет єлкєгє жиберїї дегеле мїмкїн эмес. Болбогон оокат. Андан да «атайын кыргыздар їчїн» деп тамгаларды туш келди топчуга такай берїї да жарабайт. Андай тергичтерди кыргыздар їчїн деп чыгаруунун єзї зор кыйынчылыктарды жаратат. Дїйнєгє кеўири тарап кетип жаткан ноутбук, нетбук дегендерге андай кыргыз тергичти чаптоого болбойт, мїмкїн эмес. Азырынча бизге системалык негиздеги кирилл тергичтин бетине кыргызча Є, Ў, Ї тамгаларыбызды орнотуп бериши керек, же "киргизская кириллица" дегенди биротоло алдырып салышыбыз керек. Эгер андай да болбосо кыргыздын Є, Ў, Ї тамгалары ошол тергичтин стандарттуу бєлїгїндє турушу зарыл. Кыскасын айтканда Кыргыздын Є, Ў, Ї тамгалары тикелей дїйнєлїк стандарттагы тергичтин єзїндє турушу бїгїнкїнїн талап шартына ылайык. Мына ушундай болгондо гана жарашат жана ошондо гана дїйнєнїн кайсы жеринде болбосун ар бир кыргыз кыргыз тамгаларын каалагандай, эч кыйналбастан терїї мїмкїнчїлїгїнє ээ болушат деп эсептейбиз. Мындан сырткары биздин окумуштууларыбыздын иштеп чыккан тергич жайгашы да бар, андай жайгаш дагы ашып эле кетсе Кыргызстандын ичинде гана пайдаланууга жарайт. Жыйынтыгында айтаарыбыз урматтуу Урмат айым, бїтїндєй коомчулукту ушул маселени кєтєрїїгє чакырып, кыргыз ЄЎЇнїн дїйнєлїк стандартка жайгашуусуна жардамыўызды аябай, аягына чыгарып берїїгє бар кїч, акылыўызды жумшайт деген ойдобуз. Максатыбыз, «улут маселесин учур талапка жараша пайдаланып, єзїбїздї- єзїбїз сыйлап, дїйнє элдеринин катарынан калбай, єз Эне тилибиздин єсїп-єнїгїїсї їчїн жан їрєйлїк» деген ураандын тегерегинде бир жеўден кол, бир жакадан баш чыгарсак дейбиз!.. «Кыргыз Кєчї» тобу. Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия.14.01.2013

Кечээ эле Франциянын аскерлери Ливияга абадан чабуул жасады. Арап єлкєлєрїндє єткєн жылы башталган єрттїн аягы басылчудай эмес. Аларды айтпаганда да жергебиздин Баткен облусунун Чарбак айылында болгон чыр чатактын аркасында сырткы кїчтєрдїн кызыкчылыгы болушу мїмкїндїгї да айрым бир эксперттер тарабынан айтылып келет. Айрыкча мындай сырткы кїчтєрдїн таасирин УКМКнын кызматкерлери жакшы билет эмеспи. Сєздї мындай ыўгайда баштаганыбыздын себеби, кечээ”Кыргыз Туусу” гезитинин пресс борборунда курултайчылардын демилгеси менен єткєрїлгєн “Мамлекеттик чек ара жана коргонуу коопсуздугу” аттуу тегерек їстєлдє УКМКнын мурдагы тєрагасы К. Дїйшебаев Кыргызстан кырдын учунда жоголуп кетїї коркунучунда турганын, 2013-2014-жыл ичинде сырттан ар кандай саясый оюндар болоорун кайра-кайра баса белгилеп айтса, бир нерсенин жытын жакшы билгенден улам чыдабай жатса керек деген да ой келбей койбойт экен. Кантсе да кыргыздын патриот жигиттеринин бири эмеспи.

М.КАЙЫПОВДУ АЯЛДАР ЭМИ АЯШПАЙ КАЛДЫ

Мурдагы Юстиция министри Марат Кайыповдун доору Аскар Акаевдин убагында жакшы эле жїрдї. Андан кийин Сузактан эки ирет депутаттыкка аттанып, атаандаштарынан жеўилїї ызаасын тартып оўкосунан тїшїп, далайга эс учун жыйнай албай жїргєн. Акасы К. Бакиевдин тушунда эки аял алууну мыйзамдаштыруу аракетин кєрїп,аялдарга жаман кєрїнїп алганы бар. Бул аракетинин аркасында андагы ажосунун экинчи жаш аялын мыйзамдаштыруу болгону бешиктеги бала да дайын болуп калган. Эми болсо, Марат мырзанын єлкєнїн Акыйкатчысына талапкерлигин коюп жаткандыгы дайын болгону укук коргоочу аял заттарын уктатпай калды. Мындай жышаанды билип калышкан укук коргоочулардын кеўеши атайын билдирїї менен чыгышты. Билдирїїдє “Ата Мекен”, “Республика” фракциялары тарабынан М. Кайыповдун Акыйкатчылык орунга кєрсєтїлїп жатышы жоопкерчиликсиз жана уят иш деп айтылат. Маалыматка караганда мындай жеке кызыкчылыгы менен адам укугуна шек келтирген адам ал кызматка татыксыз экендиги айтылат. Айбат пресс


11

ИНСАН

Мамбет МАМАКЕЕВИЧ, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры:

«БИЗДЕГИДЕЙ КЕДЕЙЧИЛИКТИ ЭЧ БИР ЖАКТАН КЄРЄ ЭЛЕКМИН» Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиўирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиўирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеевич быйыл 86 жашка чыкты. Жашы 86да болгону менен єзї жапжаш бойдон, кїнїнє 3-8 операция жасап, дагы деле тыў. Кабинетиндеги велосипедин дагы да тебет экен. Єзїнїн айтымында кїнїгє эртеї мененки алтыдан жетиге чейин дене тарбия кєнїгїїлєрїн жасап, денесин чыўдайт экен. Мамбет агай менен кенен отуруп, ал кишинин ооруканасындагы кєйгєйлєр боюнча баарлаштык. - Мамбет агай, дайыма эле аппарат жетишпейт, тиги жок, бул жок деп жїргєнїїїздї угам. Азыр оорукананын абалы кандай, эмне кєйгєйлєрїўїздєр бар? - Кєйгєй менен 60 жылдан бери иштеп келе жатам. Сураныч катары деле айтып келе жатам, тигил жок бул жок деп. Советтер союзу учурунда жакшы эле, жыл аягында эмне керек болсо, ошого буюртма берчїбїз. Кыргызстан эгемендїї болгондон бери бизде эч нерсе жок да. Бизде грелканы чыгара албайт. Ошон їчїн чет мамлекеттерге кєз каранды болуп калбадыкпы. єзїбїздїн мамлекеттен эч нерсе ала албайбыз. Мен єзїм 25 жыл депутат болуп аралашып калбадымбы. Мамлекетте жок да. Кийинчерээк революция болуп кетип канча деген адамдардын ємїрї кетти, канча зыян тарттык. Алардын жетимиши биздин ооруканага тїштї, 64 оорулуу айыгып кетти. Оштогу окуяда канча киши єлгєн, канча їй талкаланды. Ар бир єлгєн кишиге миллион беришиптир. Канча жїз миўдеген акча берип, їйї талкалангандарга їй салып берип атат. Аларга асмандан башка акча тїшє калдыбы? Жалпы Республиканын бюджетинен кетип атат. Алардын азабын жалпы эл тартып атат да кызым. Биздин кесип боюнча айтсам, оорулуулардын кандай кїнєєсї бар. Аларды ооруба деп эч ким токтото албайт. Мурункудай кандай ооруса ошондой эле ооруп келе жатат. Акчабыз жок, аппаратурабыз жок, операция жасай албайбыз деп токтото албайбыз. Ошон їчїн азыр эмне сурасаў да, мамлекеттен бир тыйын ала албайсыў. «Неотложная хирургия» деп коёбуз, тез хирургиялык жардам бериш керек. Келгенде тез аранын ичинде операция кылбаса, алтын дары болсо да анын ємїрїн сактап кала албайсыў. Бул жакка сайылып келет, атылып келет, ашказаны жарылып келет, кан кусуп келет, ичегиси тїйїлгєнї бар, сокур ичегиси келет. Кээде оорулууну аман алып калыш їчїн 5 мїнєт анын тагдырын чечип коет. 5 мїнєт кечиксеў ал киши єлєт. - Учурда светти бат-баттан єчїрїп жатканы сиздердин ишиїиздерге тоскоолдуктарды жараткан жокпу? - Свет азыр тез-тез єчєт. Свет єчсє бїттї, операция жасап аткан ошол жерде калат. Анан «аппаратыбыз жок, орун жок, койка жок, дарыбыз жок», - десек ал адам єлїп калат. Ошон їчїн єл тирил жок деп айтыш болбойт.

Тыбырап бирєє єлгєнї жатса, кантип карап отурасыў. Биздин ишибиз дин жїрїп атканы гуманитардык жардам деп коёбуз, чет єлкєлєр Япония, Кытай жана Индия сыяктуу єлкєлєрдїн жардамы болуп атат. Индияга мен кєп жыл мурун баргам, Индия бизге жардам берип аткандан кийин бїткєнїбїз ошол. Немистер, орустар да жардам беришет. Дары дармек, аппаратураларды ошолор берип эптеп жан сактап атабыз да. Жєнєкєй эле тиккен материал бизде жок. Ушуларды таппайбыз да. Кээде келет, бирєє 5-10 доллардан келет. Кээде айлабыз кеткенде айласыздан алар алып келип жардам кылат. 15 жыл мурун министр Накен Касиев убагында 50 миў долларга бизге саттырып алдыртып келип берген. Кийин карасаў, япониянын, башка єлкєлєрдїн эрежеси боюнча ал аппарат 200дєй операциядан кийин жарактан чыгарылат экен. А бизде 15 жылдан бери ал аппарат менен 4000дей операция жасадым. Мурун кесип, єткє жеткичекти канча материал кетчї. А бул аппарат менен абдан їнємдїї. Эч материал кетпейт. Мен депутат болуп жїргєндє дежурный клиникалардын свети эч качан єчпєсїн деген элем. Анда жакшы болчу, азыр тез-тез єчє баштады. Мурун эч нерсебиз жок капкараўгыда лампа менен операция жасачубуз. Жаш убагымда операцияны машиненин жарыгы менен жасагам. Єткєндє саламаттык сактоо министри президент менен Германияга барганда немистер медицинага деп бир топ акча бериптир. Аны болсо Ош, Жалал-Абад, Баткен деп эле бєлїштїрїп коюптур. Эмне їчїн жалпы Кыргызстандын эли жапа чегиш керек. Мен айттым, 5 жылдан бери бир аппараты алып келе албай жатат. - Свет єчкєндїн айынан сиздин ооруканада адам єлїмї болгон жокпу? - Андайдан кудай сактасын. Кокус андай болуп кетсе, биз чуу кєтєрбєйбїзбї. Свет єчкєндєн айынан адам єлє элек. Илгери Турсунов деген министрдин єтїн операция жасап атканымда свет єчкєн. Аны кадимки эле лампа менен операция жасагам. Биз свет єчїп калганга карабайбыз, лампа болобу, башкасы болобу эптеп оорулууну аман алып калышыбыз керек. Андай акмакчылык кетет, аны карап туруп ага шылтасаў чоў чатак болот. Свет єчтї, ошон їчїн єлдї десеў бїттї да. Жанакы генераторду берип калса, свет єчкєндє ошону кїйгїзє коюп иштейбиз.

- Чет мамлекеттерге кєп барып жїрєсїз. Аларга салыштырмалуу биздин медицинанын абалы кандай? - Чет мамлекетте кайсы єлкєгє барбайын, ал жактын ооруканасына киргенге аракет кылам. Ошолорду карап отуруп эсиў оойт. Бирок биздей кедейчиликти эч бир жактан кєрє элекмин. Аларда укмуш, айрыкча ооруканаларынын жетишкендиги, тазалыгы тим эле шумдук. Былтыр эле Германияга бардым, биздеги лапроскопиялык аппараттын бир лампочкасы кїйбєй калды, эгер аларда лампочкасы кїйбєй калса ошол замат запасной лампочкасын алып келип сала коёт экен. А бизде єчсє, ошол бойдон кїйбєйт. Барганда кайырчыдай болуп уялбай эле єзїмє керектїїлєрдї сурайм. Алар беришет. Германияда операция жїрїп атыптыр, кирсем операционная сестра иий Мамбет Мамакеевич деп кыйкырып чыгып атпайбы. Ал жактагы доктурлар да операциядан кийин Мамбет Мамакеевич менен каалаганча баарлаш деп калышты. Масканы алганда тааныдым. Кєрсє ал сестра менде иштеп кеткен операционная сестра экен. Тигилерге менин устатым, бу кишинин колунда иштегем деп айтты. Чыгып сїйлєшїп, кучакташып єбїшїп чер жазыша баарлаштык. «Биздин турмушту билесиў, кєрїнє-кєрїнбєй бер эми», - десем, хирургу мага окшогон жакшы киши экен, биздин турмушту да жакшы билет окшойт, сенин шефиў болсо, чогуу иштеген болсоўор, эмне керек болсо жардам бер деди. Халаттан єйдє, жип, инструментинен 2 коробка салып берди. Аны алып келип, кийин эсептесек 800 миў сомго бекер алып келиптирмин. Биз деле оўолуп кетмекпиз. Бирок, дамамат эле революция, кєўтєрїлїш ушуга окшогон нерселер болуп атпайбы. Абдан бузулган элбиз да. Ичитарлык деген акмакчылык кєбєйїп кетпедиби. - Оорукананын ремонту кандай? - Бизде 250 орун. Анан ремонт деген болуш керек. Мен иштеп жаткан 60 жылда свет жана санитардык жагы бир оўолгонун кєрє элекмин. Свет дайыма єчєт, жарылат суу агат, тозок. Бул жагынан оўдош кыйын. Ремонт деген жок. Мен ар бир бєлїм башчыга єлсєў-тирилсеў да, уурдасаў да, бирєєнєн сурасаў да єзїў жаса, дейм. Кудайга шїгїр азыр баарын єздєрї жасап алышты. Илгеркидей єкмєт берет, єкмєт багат дегенди унут дейм. - Кыргызстандын саясий жана экономикалык абалы медицинага кандай таасирин тийгизїїдє? - Бир жаккан жери, революциядан кийин азыркы президентибиз медиктердин, мугалимдердин эмгек акысын жогорулатып койду. Медиктердин эмгек акысы бир бєтєлкєгє жетчї. Байкуш санитаркаларга жєн эле тозок болчу. Ошолордун иши, мен ар дайым салыштырам, врачтар

оорулууну 50 пайыз дарыласа, 50 пайызын медсестралар менен санитаркалар карайт. Чычырып, сийгизип, колу-башын жууган жалаў ошолор. Жаман жери эч нерсеси жок. Санитаркалар кєчєдє тентип жїрїшєт, бул жакка келишпейт, эч ким иштегиси келчї эмес. Тилдеп койсоў эле ошол замат басып кетчї. 2 жылдан бери кудай жалгап, айлык акыны кєбєйтїп абдан жакшы жардам кылды. Азыр кетем деген санитарка, сестра жок. Сестралар доктурлардай эле айлык алышат. - Сыр болбосо сиздин ооруканадагы санитарка, сестралардын айлыгы канча? - 10 миў сомдон ашып калды. Бул жагы жакшы. Ит жери соода кылгандар кїн карамадай эле кандай заман болуп кетет деп карап турат да. Бїгїн айлыкты кєтєрдї, азык-тїлїктї ошол замат кєтєрїп салат. Азыктар мурунку баа менен калса жакшы болмок. Санитаркалардын їйї жок, мурун оорукананын бир кабатын бошотуп жаткызчубуз. Азыр айлык кєбєйдї деп бошоттук. - Карыларга кандай жеўилдиктер каралган? - Бизде эгемендїї болгондон кийин баары акча болуп калбадыбы. Бул жерде да ар бир операциянын атайын суммасы бар. Аны эл деле тїшїнїп калды. Пенсионерлерге бекер. Аларга кээ бири ушунча катуу тїшєт. Азыр 100 сомдон кем дары жок. Кээде туугандарына кайрылабыз, айла жок алып келишет. Мурун кан бекер болчу, азыр акчага сатып келет. Сага окшогон журналисттер мага келгенде «Врачтар, акча алат экен» - деп калышат. Мен алабыз деп айттым. Мен єзїм уруксаат бергем дедим. Эгер жакшы операция жасап, оорулуу айыгып кетип, рахматын айтып акча берсе уялбай эле ала бергиле дейм. Менин балдарым билет. Эгер єзї каалап берсе алышат. Эгер аны тєлєєгє мажбурласа анда болбойт. Кээде андайлар да болот. Ошондой болуп калса, мен ошол замат алган акчасын кайра оорулууга кайтартып берем. - Шакирттериўиз тууралуу айтсаўыз? - Азыр бул жакта иштеген хирургдардын 100 пайызы менин окуучуларым. Балдарым азыр абдан кїчтїї. Тилеков деген доктор наугум бар. Кылжыкеев, Акматов, Сыргаев, Алыбаев деген доктор, наук кандидаттар. Дїйнєдє кандай операция болсо, ошонун баарын жасашат. Болгону бєйрєктї, боорду алмаштырганга аппарат жок болгондуктан, аны жасай алышпайт. Бирок, балдарым ага теориялык да, практикалык жактан да даяр. - Ошол сиз билим берген окуучуларыїыздын арасынан сизге кыянат кылгандар болгонбу? - Єздєн чыккан душман - єзїмдїн окуучум Акрамов Эрнест. Азыр Кыргыз Республикасынын

Баатырына чейин жеткен. Эрнест менден окуган, бїтєєрдє хирургияга єтє кызыгып кїн-тїн дебей дежурить этип ыпылдап, менин айланамда чуркап жїрїп, менин ишенимиме кирип бїткєндє, єзїмє хирург кылып кызматка алдым эле. Анан бир бєлїм башчы кылдым. Єзїмдїн баламдай кылып, колумдан келген жардамымды берип, кетирген катасын кечирип жїрїп акыры тажадым. Ошол Эрнест менин артыман канча жамандык издеп, бизде иштеген кызматкерлерге менин артыман жамандаган арыз жаздыртып министрге кєтєрїп барып, Мамакеевдин тїбїнє жетем дегенчелик кылган. Анын айынан текшерїїлєр келип, бизде иштеген сестралардан «Мамакеев сєз айттыбы, кучактадыбы, єптїбї, кимден эмне алат? – деген тантыраган суроолорду бергенге чейин барышкан. Акрамов бизден куулгандан кийин кыргыз паспортун жоготуп, єзбек деген паспорт алган. Кийин К.Карабеков деген журналистке – мени єзбек деп куугунтуктады деп да жаздырып жїргєн. Эми ал жєнїндє айтсам кєп эле, бирок ал кїндєрдї азыр эстегим да келбейт кызым. - Кээде саясатчыларды чымчыламайыўыз бар. Єткєндє Мотуевди да сындадыўыз эле?.. - Мен кєз боюнча Максимди да жазгам аны билесиў. Доктурлар їчїн ишенген аппаратыбыз – кєз. Оорулууларды бакыртыпєкїртїп алып келет. Кыйналып аткан кишинин кєзї айтат. Анан ооруган жери басылганда да кєзї айтат. Максимди ємїрїмдє кєргєн бала эмес. Кийин телевизорго чыкпадыбы. Зор жигит экен. Кєзї от. Ал «глупый» бала эмес. Анын кєзїн карышкырдын кєзїнє теўедим. Атасы кыргыз, энеси орус экєєнїн ортосунан чыккан карышкырдын кєзїнїн єўїндєй деп жазып чыксам, Атамбаев Максимдин кєзїн мактап деп чыкпадыбы. Анын сыўарындай жанагы Мотуев деген баланы ємїрїмдє кєргєн бала эмес. Телевизордон бир кєрїп эле бул жинди оору деп айттым. Эми кєрбєйсїўбї бир кызды баса калганын. «Мания величиянын» бир тїрї дедим. Бул оору менен доктурга келбейт, єзїн зор кєрїп, калгандын баарын макоодой кєрєт, - десем ал «Алжыган абышка менен кармашып жїрємбї»- дептир. Мен аны жинди десем, мени алжыган абышка деп атпайбы (кїлїп). Тєлєбїбї Касымалиева 18-январь, 2013-жыл


12

АЗЫРКЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК Жайыт маселеси

Режиссер Руслан АКУН:

КЫРГЫЗДЫ ТААНЫТАМ

Акжолтой БАЗАРОВ, “Ларк-Кочкор” коомдук фондунун жетекчиси:

“ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУНУН ЖОЛЖОБОЛОРУН ЇЙРЄТЇЇДЄБЇЗ”

Азыркы кыргызстандык ким? Батыштын либералдык нарк-насилин тутунган, бир канча тил, анын ичинде технологиянын тилин жатка билген кыз-жигитпи? Беш маал намазга жыгылып, бир гана исламдын мыйзамдары акыйкаттыкка жеткирет деп ишенген жаранбы? Же Жараткан берген кїнїмдїк жашоого каниет кылып, колунан келген ишин кынтыксыз аткарып жїргєн момун жанбы? Жакшы жашоо їчїн башын тобокелге байлап, жер кезип жїргєн мигрант мекендешибизби?

Режиссер Руслан Акун азыр “Салам, Нью-Йорк” тасмасын кыргызстандыктарга тартуулаганы жатат. Буга чейин “Бишкек, мен сени сїйєм” тасмасын тарткан.

НАРЫНДАГЫ БИРИНЧИ “БОЕВИК” Кичинекей кезимден эле киного кызыкчумун. 8-класста бир "боевик" жазгам, кишилерди тартып, аларды кєп баракка чыгарса, анимацияга окшоп калчу.Классташтарым такыр китеп окучу эмес, бирок ошол “чыгармамды” каталарына карабай окуп чыгышкан. Мектепти 2002-жылы Нарындан бїтїргєм.

КЫРГЫЗ ТИЛИ - УШАК ЖАНА САЯСАТ Їч тилде эркин сїйлєйм – кыргызча, орусча, англисче. Азыр тїркчє їйрєнїп жатам. Себеби дїйнєнї кєп кыдырып, бир нерсеге кїбє болдум - тїрктєр да єз учурунда бизге окшоп эле дїйнєгє чачылып кетишкен. Ошентсе да алар єз тилин унутпай, маданиятын сактап келишкен. Тїрктєрдїн кєбї чакан бизнеске тыў келишет. Алардын да кєп кереги тиет экен. Биздин эле тасманы тартып жатканда да жардам беришти. Алардын тилинде эле кафесине кирип барсаў, жакшы кабыл алышат. Чет єлкєдє алар бизге боор тартат. Кыргыз тилин билсеў, тїркчє сїйлєсєў, ошол эле Татарстанда, Тїкмєнстанда єзїўдї эркин сезесиў. Анткени постсоветтик єлкєлєрдє тилекке каршы орус тили унутулуп баратат. Кыргыз тили боюнча “жарма патриотторго” кошулбайм. Чынын айтканда, кыргыз тили - заманбап маселелерди талкуулаганга ыўгайсыз тил. Мен бул суроого абдан кызыгам – кантип єнїктїрсєк болот? Жооп таба элекмин. Ошол эле жапон тили кедей дыйкандардын тилинен эле технологиянын тилине айланган. Жылдан жылга кыргыз тили ушак менен саясаттын тилине айланып баратат.

САЛАМ, НЬЮ-ЙОРК! Албетте мен тасмамды кыргыз тилинде тарттым. Бирок биздин башкы каарман Брайтон-Бичке тїшїп калганда, ал жерде орусча сїйлєйт, ата-энеси, курдаштары менен кыргызча баарлашат, анан англисче їйрєнєт. Тасмада айтайын деген бир ой – 18-январь, 2013-жыл

заманбап кыргыздын элеси. Ал эне тилин мыкты билиши зарыл, анан орусча жана англисчени да мыкты єздєштїрїшї керек. Эгерде биз англисче жана орусча жакшы билсек, кыргыз тилибизди да єнїктїрєбїз. Бир жолу Нарынга барып калып, инилеримди, туугандарымды карасам, баары эле окубай калышыптыр – мектепке барбай коюшат, “2” алышат. Ошол эле учурда жер тєлєлєрдє спорт менен машыгышат. Ошол кєрїнїш тасма тартууга тїрткї болду. Кыялыў болсо, ошого тайманбай жет. Жашоодо єз сценарийиўди аткар, бирєєнїн таўууланган жолу кереги жок. Бирок эў башкысы, єз жашооўо єзїў жооптуусуў. Биздин башкы каарман Нью-Йоркко ырыскы эмес, билим издеп барган. Максатыўа жеткен соў эмне кыласыў? Чет єлкєдє жїргєндєр гана эмес, айылдан Бишкекке келгендер деле єздєрїн тааныйт. Патриоттук сезимдер, социалдык кєйгєлєр да чагылдырылган. Тасма тартууга катышайын деп кєптєр кызыгышат, келишет, анан эртеси кайра келишпейт (кїлїп). Бул – кара жумуш, єтє оор.

БИШКЕК-НЬЮ-ЙОРК Мен їчїн дїйнєдє эў сонун эки шаар бар. Биринчиси - Бишкек, экинчиси - НьюЙорк. Каныбызда болсо керек, биз кыргыздар жаўы нерсени тез эле илип алып, бат ыўгайлашып кетебиз. Ошондуктан жаўы нерселерге умтулуп, башкалар кылымдарды басып єткєн жолду, тез эле басып єткєнгє мїмкїнчїлїк бар. Кыргызстан – бактылуу жана эркин адамдардын єлкєсїнє айланат деп катуу їмїттєнєм.

САЛТ VS ГЛОБАЛДАШУУ Салтка келгенде эки жїздїїлїк колдонулат. Саясатка, уруу-уруу болуп бєлїнгєнгє келгенде эле салтты жамына калабыз. Тойдо “конверт” берип, тост айтчу белек? Келгиле, анда жакшы салттарды эстейли. Мисалы, кыргыздар бир табак талканын айылдаштары менен бєлїшкєн – ал да салт. Артка тарткан нерселерден арылбасак, эў аянычтуусу - улут катары жок болуп кетишибиз деле мїмкїн. Саясатчылар болсо кыргыздын сонун сєздєрїн алып, маанисин кетирип салышты. Мен патриотмун, бирок саясат аркылуу эмес, єз чыгармам менен таасир бергим келет. “Кыргызча сїйлє” дегендердин кєбї єздєрї кыргыз тилинде мыкты сїйлєй алышпайт.

МУСУЛМАНМЫН, БИРОК НАМАЗГА ЖЫГЫЛБАЙМ Мен єзїмдї мусулман деп эсептейм, бирок башкалар антип эсептебеши мїмкїн. Беш маал намазга жыгылбайм, бирок чоў энем куранды їйрєткєн. Адамдын дили таза болушу керек. Намаз їчїн “намаз оку” дегендерге эмес, Кудай алдында гана жооптуумун. Кєп жолдордун ортосунда тургандай болуп жатам. Кыска метраждуу бир тасмам бар, ошону бїтїрїшїм керек. Корейлер жакында “Гангнам стайлы” менен дїйнєнї жарышты. Мен да кыргыздарды ошентип эл аралык деўгээлде тааныткым келет. Анан билимдин жетишпей бара жатканын сезе баштадым. Окуйм. Аида Ишенгулова

- Акжолтой мырза, жайыттарды пайдаланууну жєнгє салган мыйзам кабыл алынып, жаўыча иштер жїргїзїлє баштады. Азыркы тапта жайыттарды жєнгє салчу кандай иштер аткарылды? - Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жєнїндє” мыйзамы кабыл алынгандан тартып жергиликтїї жамаат ушул аймактык бирдиктин мал ээлеринин жана башка жайыт пайдалануучулардын жайыттарды пайдалануу жана аларды жакшыртуу боюнча таламдарын талашууга жайыт пайдалануучулар бирикмесин тїзїшкєн. Мына ошондон тарта “Ларк-Кочкор” коомдук фондунун юристери, АРИС жана ЛАРК єнєктєштєр уюмдарынын юристери тарабынан Кочкор районундагы айылдык округдардындагы жашоочуларга жайыттарды кантип пайдаланат жана жогоруда аталган уюмдарды тїзїї туурасында семинар тренингдерди єткєрдїк. Андан сырткары бул бирикменин мїчєлєрїнє азыркы кїнгє чейин укуктук жардамдарды кєрсєтїдєбїз. - Эл арасында жайыт комитети деп айтып жїрєт. Жайыттарды пайдалануучулар бирикмеси менен жайыт комитетинин айырмасы эмнеде? Экєє эки башка уюмбу? - “Жайыттар жєнїндє” мыйзамдын 6-беренесинин 1-пунктунда жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы болуп жайыт комитети эсептелет деп так кєрсєтїлїп жазылган. Демек, экє эки башка уюм эмес. Жайыт комитети жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу органы болот жана тємєндєгїдєй ыйгарым укуктарга ээ: •жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планын иштеп чыгуу; •жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуу; •жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планынын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын жоболорун ишке ашыруу; •жайыттардын абалына мониторинг жїргїзїї; •жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт билеттерин берїї; •жайыттарды пайдалануу їчїн акы белгилєє жана жыйноо, аларды жергиликтїї кеўеште милдеттїї бекитїї; •єзїнїн ыйгарым укуктарынын алкагында жайыттарды пайдаланууга тийиштїї талаш-тартыштарды чечїї; •жайыттарды жана башка ресурстарды пайдалануу їчїн акы тєлєєдєн тїшкєн, жайыт инфраструктурасына инвестиция катары жєнєтїлгєн, Кыргыз Республи-

касынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аларды кармоого, башкарууга жана жакшыртууга жиберилген киреше��ерди башкаруу. - Азыркы учурда ошол тїзїлгєн жайыт пайдалануучулар бирикмелери кандай кєйгєйлєрдї башынан єткєрїп жатышат? - Єзїўїздєргє белгилїї болгондой, жердин кайсыл категориясы болбосун КРнын салык мыйзамдарына ылайык жер салыгы каралган. Жайыттарды пайдалануудагы акыны жана жайыттар їчїн каралган жер салыгын тєлєєсї атайын мыйзамда каралган. Азыркы тапта жайыт комитеттери жайыттарды пайдалангандыгы їчїн акыны жайыттарды пайдаланып жаткандардан акчасын єндїрє албай жаткан фактылар бар. Ошондой эле бир жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен башка жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортолорундагы жайыт чектери аныкталбай жаткан учурлар дагы бар. Мындай кєйгєйлєрдї чечїї їчїн биз тийиштїї юридикалык кеўештерди туруктуу берип жатабыз. - Мурун деле жайыттарды ижарага берген жобо мыйзамдар бар эле. Эмне себептен жайыт боюнча жаўы мыйзам кабыл алышкан? Мурункудай эле калтырып койсо болбойбу? - Биринчиден, Кыргызстан тоолу єлкє. Экинчиден, жарандар кєпчїлїгї мал чарбасы менен алек. Ал эми малдарды тоют менен камсыз кылуу їчїн жайыттардын мааниси аябай чоў болгондуктан жайыттарды башкаруу, аларды жакшыртуу жана пайдалануу зарылдыгы туулуп келген. Жайыттарды сактап калуу, эрозияга учуратпоо маселеси чечилбесе кєптєгєн жайыттарды жоготуп алуу коркунучу туулгандыктан ушул “Жайыттар жєнїндє” мыйзамы кабыл алынган. Мен ойлойм, бул мыйзам убакыт єткєн сайын толукталып турат. Ал эми мурункудай кылып калтырып койсо, жайыттарды элдерге пайдаланууга берїїдє кєптєгєн бюрократиялык иштер башталып кетиши толук мїмкїн. - Чет єлкєлїк жарандар дагы Кыргызстандын жайыттарын ижаранын негизинде пайдаланып жїрїштї эле. Жайыт жєнїндє мыйзам боюнча чет єлкєлїктєргє жайыттарды берсе болобу? - “Жайыттар жєнїндє” мыйзамдын 13-беренесине ылайык, чет єлкєлїк жеке же юридикалык жактарга жайыттарды берїї КРнын Жогорку Кеўеши тарабынан ратификацияланган мамлекеттер аралык жана єкмєттєр аралык келишимдердин негизинде ишке ашырылат. Самара Саламатова


13

УЧУР СОБОЛ

“ЖЇР ЭЭРЧИШИП КЕТЕЛИ ЄРЇК ЗА-АРГА..” - Жакында Баткен облусунун Чарбак айылынын тургундарынын коўшу Єзбек мамлекетинин Сох анлабынын тургундары тарабынан сабалышына кєз карашыўыз кандай? - Деги эле Баткен облусундагы чек ара кєйгєйлєрїн чечїїнїн кандай жолун сунуш этээр элеўиз?

Мамат Айбалаев, Баткен облусунун мурдагы губернатору:

- Баткен облусунун аймагынын їчтєн бири Таджикстанга єтїп кеткен. Биздин жетекчилер убагында кыргызча айкєлдїк кылышып эле беришип коюшкан. Сох анклабы Єзбекстандан 70 км. чакырым алыстыкта турат. Кыргыз бийлиги чек араларды тактоодо убакыттан уттуруп койдук. Эгемендїїлїк жылдарынын 2-3жылы ичинде чеке араларды тактап алсак болмок. К. Бакиев премьер-министр болгондо Сох боюнча меморандумга кол коюп койгон. Кийин ал кемчилигин єзїнїн указы менен жокко чыгарган. Учурунда чек ара боюнча ал жердеги абалды тїшїнбєй туруп кол койгон Ушундай кыргызчылык иштер кєп кайталанган. Баткен, Кадам жай, Лейлектин эли Россияга, Чїйгє кєчїп келип жатышат. Жергебиздин тїштїгїндє коўшулар менен талаш жерлер абдан кєп. Ал жерлерди кайтарып алуу їчїн трагедия кылып деле кереги жок. Маселен, Бїргєндїдє газсактаган жай Єзбестан їчїн иштеп жатат. Анын айланасындагы бош жерлерге кыргыз айылдарын отурукташтырып, анан акырын бизге алса болот. Єзбекстан ошентип эле жерлерибизди алып келе жатат. Алгач коўшулар силердин жериўиз бар экен. Биз иштетип туралы дешип, жергиликтїї адамдар менен жеке келишип алып, ошону менен ишти бїтїрїп жатат. Жыйынтыгында бир нече жылдан кийин жерлер алар тарапка єтїп кетип жатат. Чек ара абдан бекем болушу керек. Єзбекстанга кичинеэле адамдын буту кирсе эле атып жатышат. Анкени алар чек арасын мамлекеттин коопсуздугу катары карашат. Мамлекеттин коопсуздугу деген биринчи орунда турат. Болбосо эмнеси мамлекет. Єзбек солдаты аткан болсо, аларга да жообун бериш керек. Эгерде биз алардын ар бири ишине жооп берсек алар экинчи андай жаман ишке бара албай калышат. Канча кишилер тїштїк тарапта атылып кетти? Мына єкмєттїн Сохту тоскону, єзгєчє абал киргизгени жакшы болду. Негизи чек араны тезирээк бїтїрїї керек. Талаш жерлерди эл менен бирге чечсе болот. - Менин чоў атам учурунда кємїр жасап Коконго алып барып сатып келип турган. Бир да єзбек, таджик тийген эмес. Азыр эмне бо-

луп жатабыз? Перизат Суранова Баткен облусунун тургуну: - Учурда баткен облусунда абал туруктуу. Жаштилек айылында эл нааразычылык билдирип турушат. Талабыбыз чечилбесе 1-2 жыл болсо да тура беребиз дешїїдє. Бєжєй айылына єкмєт верталет аркылуу тамак ашын жеткирип берип жатат. Негизинен кечээги окуяда жергиликтїї бийликтин алсыздыгы байкалып калды. Мамлкеттик карта мекемеси Москвага барып, архивден жердин картасын эми тактайбыз дешип жатат. Эмнеге 20 жылдан кийин барышат. Буга чейин Кыргызстандын жери керек болгон жок?

чыр чатактар жердин айынан болуп келет. Мындай кєрїнїштєр азыр да токтой элек. Депутаттар Баткендеги чек араларды архивден, маалыматы бар кишилерден тактап жатабыз. Чек араны тактоону падышачылык Россиядан баштоо керек. СССРдин тушунда административдик-аймактык бєлїнїї так болчу. Ошентсе да пайдаланылбаган жерлер бар эле. Биздин жайлоолорду Єзбекстан, Таджиктстан, Казакстан пайдаланышып келди. Советабад, Шахимардан союздун учурунда убактылуу пайдалануу максатында коўшуларга берилген. Эми ошол тарыхты кайра кєтєрїп, кайра кароо керек. Мындай жерлер Ат башыда, Чаткалда, Карабуурада бар.

Чолпонбек Абыкеев Мамархивдин мурдагы директору:

- Мен 2005-жылы Мамлекеттик архивге директор болуп бардым. Жаўы барганда эле эў мамлекеттик маанилїї документтер кантип, кандайча сакталарына кєўїл бурдум. Кыргызстандын картасы жок экен. Кайда десем? Москвада дешти. Архивдин мєєрї басылган карталар гана эл аралык соттордо каралат. Ал жакка архивдин кызматкерлери барганга каражат жок. Акыры ал кездеги спикер А. Мадумаровго кайрылып, 100 миў сом бєлдїрїп, бир кызматкерди жєнєттїм. Ал жерде 15 кїн жатып иштеп, 3 экземплярын алып келди. Ошо кызматкер ыйлап келди. Москванын архивинин кызматкерлери силерге Кыргызстандын кереги жокпу деп айтышыптыр. Тээ 1994-жылы Єзбекстандын архивинен 20 киши Москвага барышып, 6 ай отурушуп, карталарын тактап келишиптир. Казакстандан 15 киши 1995-жылы барышып, алар да 6 ай жатып тактап келишиптир. Мокванын архивинен алынган карталарда єзгєртїїлєр болгон менен 1924-жылы чек араларга байланыштуу чыгарылган токтомдордо айырмалар бар. Картаны ар ким єз кызыкчылыгына жараша єзгєртїп коюушу мїмкїн. Бирок, токтомдорду єзгєртє алышпайт. Курманбек Осмонов ЖКнын депутаты: - Жогорку Кеўеш бул маселе тууралуу караганы турат. Бирок, чек ара боюнча атайын жумушчу топ тїзїлгєн экен. Алар канчалык компенетїї экенинен шек бар. Тарыхты карасак баардык улуттар, мамлкеттер аралык

Чек ара боюнча єкмєттєр аралык, эл аралык келишимдер тїзїлгєн. Ал келишимдерди караган киши жок. 2002-жылы Кытайда ШКУга киришкен мамлекеттер мындай келишимге кол коюшкан. Ал жерде чек араларды тактоонун жалпы принциптери каралган. Маселен, чек аралар ийри болуп калганда аны тїздєєнїн да нормалары бар.Чек ара тоого туура келсе чокулар аркылуу, сууга туура келсе анын теў ортосу аркылуу єтєт. Баткендеги чырды эл аралык нормаларга карап, атайын адистердин катышуусу менен чечсе болот. Бирок, Баткендеги окуяга окшоп, коўшулардын атуулдары топтолуп келишип, кыргыз жарандарын їйдєн сїйрєп чыгып, сабаган болбойт. Бир мамлекеттин алдында алсыз боло берген да жарабайт. Чек араны тейлеген мамлекеттик киши вице-премьердин деўгээлиде иш алып барышы керек. Кеўешбек Дїйшебаев УКМКнын мурдагы тєрагасы:

- Чек ара маселесинин кєйгєйїнїн башталганына 20 жылдан ашты. Улуттук жана чек ара коопсуздуктары боюнча атайын документтер бар. Бирок, ошол документтер аткарылбай жатат. Себеби, бирдиктїї мамлкеттик саясат жок. Коомдо болуп жаткан окуяларга, мыйзамдардын аткарылышына жооп берген киши жок. Мындан бир нече кїн мурда Єзбекстандын президентти Ислам Каримов єзїнїн куралдуу

кїчтєрїнє кайрылып, биздин чек араларга сырттан коркунуч бар. Кандай болбосун аларга каршы катуу чараларды кєрїї керектигин айтты. Бизде болсо, Сох жаўжалынан кийин бийлик эч бир чечкиндїї нерсе айта алган жок. Коалицияга киришкен партиялар башкарып жатышат. Бир адам президент жоопкерчиликти алышы керек. Мен УКМКда иштеп турганда чек ара кызматын ушул мекеменин алдына алыпк елгенбиз. Чет мамлекеттерде Чек ара кызматыКоопсуздук кызматына баш ийет. Борбордук Азиямамлкеттерине сырткы кїчтєрдїн таасири абдан кїчтїї. Кыргызстан сырткы саясатта чоў мамлекеттердин оюунуна айландык. Бизде суу, минералдык ресурстарыбыз кєп мамлекеттердин кызыкчылыгын жаратып жатат. Айрыкча 2013-2014-жылдар ичинде Кыргызстанга карата сырткы саясый оюндар кїчєйт. Аширбек Бакаев “Генерал ордо” Коомдук бирикмесинин президенти,отставкадагы генерал:

- Чек ара кызматы УКМК га баш ийсе туура эле болмок. Себеби, чек ара кызматкерлери чеке аранын ары тарабында эмне болуп жатканын билбейт. УКМКнын кызматкерлери ал жактагы окуяларды аларга айтып, чогу иш алып барганга жакшы болот. Ушундай болгондо Баткенде адамдар барымтага кетме�� калмак. Чек ара кызматкерлеринин жетекчилигине патриот, мекенчил адамдарды алып барыш керек. Мен чек ара кызматында

жетекчиликте турганда ал убактагы губернатор Айбалаев кайсыл жерге солдаттар керек десе шак берип турчумун. Ал їчїн єкмєттїн токтомунун деле кереги жок. Бейшен Абдыразаков ЖКнын экс депутаты:

- СССР тараганда Єзбекстан, Казакстан чек араны бєлїшїп баштаган. Биздин чоўдор мамлекеттик мїлктї прихватташтырып баштаган. Чек арадан эч нерсени аябаш керек. Акча канча керек болсо бербесек болбойт. Чек арада жашагандарды салыктын баардык тїрїнєн бошотуп, айыл чарба кредиттерин бердирїї зарыл. Алардын ошол жерде жашап жатканы їчїн сїйїїнї керек. Коўшу мамлекеттер єздєрїнїн атуулдарына кыргыздын жерин сатып алгыла деп акча берип жатат. Ал жактагы миграцияны токтотпосок болбойт. Жолдош Орозов, “Асаба” партиясынын Ордо кеўешинин тєрагасы: - Азыр кыргыз элинин патриоттук сезимдери ойгонуп жатат. Фергана єрєєнї абдан кооптуу болуп турат. Ошон їчїн Баткенге чек арачылардан башка да аскердик бєлїктєрдї киргизїї зарыл болуп. Керек болсо Россиянын аскердик бєлїктєрїнє да ал жактан орун берсек жакшы болчудай. Баткендеги окуяга жол бергендиги їчїн Чек ара кызматынын башчысы жана башка тийешелїї министрлер отсавкага кетиши керек. Биз да “Асаба” партиясынын адамдары жакында Баткенге барып, жергиликтїї эл менен бир топ сїйлєшїїлєрдї жїргїзїп келели деп жатабыз. Мирбек Асаналиев 18-январь, 2013-жыл


14

СЕРИАЛ

Анан эмнеге ушул бакытты єзї ары жака тїртїп келди. Мына, єзї жакшы кєргєн адамынан тєрєп алды. Тагдырына жазганбы, жашы отуздан єткїчє турмушка чыкпады. Ойлоп кєрсє жигит тандап жїрїп убагын єткєзїп ийиптир. Артынан чуркаган далай жигитке бой салбай тандай бериптир. Жашын єткєзбєй бир эркектин колун кармап їйбїлєє кїтїїнї ойлобоптур. Анан тандаган тазга жолугат болду да калды. Кєўїлдєгїдєй кїйєє чыкпады. Бир кезде кєзї ачылып караса єзї теўдїїлєр їй-бїлєє кїтїп, балалуу. Єзї болсо айдай чырайыўды иттей кыялыў бузат болуптур. Ошол кыялы менен кєбїн колдон чыгарып, кыялын билгенден кийин жолобой кетишкен экен. Кеч болгонун билип, єкїнїп жїргєндє Кубанга эмнеге байланып калганын єзї тїшїнбєйт. Эч бир эркеке Кубанга берилгендей берилген эмес. Анын жан дїйнєсїнє сезимди козгоп бир башкача таасир эткен коўур авазы менен ыр созгонучу, сеўселген тармал чачына азгырылганычы. Ошол чачын сылагандан ырахат алаар эле. Эркекте дагы ушундай сулуу чыгат экен ээ деп таў калчу. Экєє катар басып баратканда тєп келише жарашып, тааныбаган бирєєлєр келишкен жубайлар экен деп ойлошчу. Машинасы менен кандай жерлерге барып чардашпады. Экєє бирин бири жакшы тїшїнїшчї. Ошондуктанбы, кол їзїшє алышпай коюшту. Марал Кубандын їй-бїлєєсїн таштап єзїнє їйлєнє коёюн деген ою жок экенин билгенде, атайылап качып, жолукпаска тырышты. Жетишет эми, кїнїмдїк кєўїл ачуу. Тїбєлїгїн ойлоо керек. Єзї берилип сїйгєнї менен Кубан болсо кєп аялдын бириндей кабылдады. Кєўїлї калгыча ойноп кїлїп анан таштап кете берчїлєрдєн экенин билип туруп эле Марал кол їзє албай койду. “Мага чала, ушуну кєрмєкмїн. Ойлонбой убактымды эмнеге єткєзїп ийдим дейм да. Эми минтип бир катынпозго жармашып тєрєп алдым” деп Марал ойлоно, эт жїрєгї эзиле уулун эмизип отурду. Эшик карс ачылып теўселип эжеси кирди. Мас экен. Дагы ичип алыптыр. Ичкенине зээни кейий тїштї. Ошол кейигенин эжеси билсе гана. Ичкиликке берилип баратат. Кантип ичирбей койсо болот. Алы жетпей калды. Айтып жїрїп тили тешилди. Дагы эмне балээнин ичинен чыгып келди, дегеле баскан-турганы жеўген адамдай болуп шайдоот болуп калыптыр. Теўселип жїрїп кийимин араў чечине туш келди ыргытты. Марал уулун эмизген боюнча дагы эмне болоор экен дегендей сабырлуу отурду. Эжеси шалак отура калып балага жалынып кирди: - Сенден таэжеў садага кетсин. Атаў сени жакында кєр-

ЭЛМИРА АЖЫКАНОВА

БУРУЛ БАЯН (Сандан санга)

ДЇЙНЄ ЄМЇР

ПОВЕСТЬ

гєнї келет. - Эмне, эмне дейсиў?.. - Бєбєктайдын атасы келет деп атам. Оозунан арак буркурайт. Марал ишенбеди. - Аны сен кайдан кєрдїў? Келээрин кайдан билесиў? - Сен эжеўди оўой ойлоп жїрєсїўбї. Сени таштап кеткен Кубаныўды жакалап, айылына барып абийирин кетирип келдим, - деп чоў ишти бїтїргєнсїп булдуруктады. Маралдын їрєйї уча тїштї. Жини келе тумшугу менен бир тийди. Катуу сїйлєп ийгендиктен ээмп жаткан бала

(Сандан санга)

АЙ-ТАЛААДАГЫ АЯЛ

АЎГЕМЕ Этек-жеўи, саамай чачтары талаанын желине дирилдейт. Їстїндє кєпкєк асман, тїргєк-тїргєк ак булуттар. Мына, жаш аялдын жан турпаты табияттын ажайып кєркї менен жуурулушуп, бїтїндєй бир шайкештикти кєз алдыўа тартып турат. Карап эле тургуў келет. Бул чыгармасын Сабирдин “Ай-талаадагы аял” деп атады. 18-январь, 2013-жыл

Билген кишиге мында Зейнептин образы жатат. Ошол максат менен тартылды. Адегенде їч вариантты ойлоп анан їчєєсїн бириктирди. Андагы алынган боектор да кокустан эмес. Табият менен шайкеш келген аялдын ички дїйнєсїн ачып турат. Сабирдин чыгарманы Зейнепке бїгїн биринчи ирет кєргєзєт. Али

эч ким кєрє элек. Зейнеп келгиче сїрєттїн бетин ак жибек кездеме менен кооздоп жаап койду. Анан єнєрканасын бир аз иретке келтирди.Єзї да кїзгїгє кєз токтотуп каранып алды. Кєўїлїндє Зейнеп сїрєттї кандай кабыл алаар экен деген ой турду. Кантсе да жїрєгїндє канагаттуу сезим бар эле. Аўгыча сырттагы тепкичтер менен тыкылдап чыгып келаткан їн угулду. Бул Зейнептин басыгы. Сабирдин утурлай чыгып эшигин ачты. Кєнгєн адат боюнча - Уруксаатпы кирїїгє? – деди Зейнеп жылмайып. Жылмайган ага жакшы жарашат. Тиштери кашкайып, кєздєрї жайнап кетет. Анын ушундай кєздєрїн Сабирдин жакшы кєрєт. Андайда єзїнїн да жїзїнєн кубаныч тєгїлїп кетет. Сырттагы кеч кїздїн сыдырым жели Зейнептин бети-колун їшїтїп жибериптир. Сабирдин анын муздаган колдорун кармалап, їйлєп, єзїнїн жаагына басып жылыт- канга батынды. Анын сакалы єсє тїшкєн жаагына колун басуу Зейнепке да жагымдуу болду. - Скрипка ойногон колдорду їшїтпєє керек, - деди тамашалап. Анан алар сїрєттїн маўдайына келишти. Сабирдин жибек кездемени ачты. Зейнеп бет алдындагы картинаны бир саамга унчукпай, таў калып да, суктанып да тиктеп турду. - Ушул менминби? – деди ишенбей. - Сенсиў. Башка бирєє болушу мїмкїн эмес. - А кайда баратам? - Сен єзїў кайда барууну каалачу элеў? - Менби? Мен дал ушундай ээн талаада жалгыз кыялданып, єзїм менен єзїм болгум келчї. - Андай болсо мына, дал єзї! Экєє теў бир саамга сїрєткє тигилип турушту. Чынында эле андагы кєрїнїш кадимкидей жандуу эле. Алиги жаш аял колдорун єйдє карай жайып, азыр эле сїрєттєн чыга келип бирдеме деп сїйлєп жиберчїдєй. Зейнеп ушундай

чакап кетти. - Сени ким бар деди, мен сени бар дедимби?! Киришпе менин жашоомо. Эжеси сиўдисин акшыя бир карап алып булдуруктай берди: - Сен эмне, эрсиз тууп алганыўа сїйїнїп атасыўбы? Элден уялбайсыўбы. - Элиў менен ишим жок. Тєрєсєм єзїм їчїн тєрєдїм. Энемин, эрмек болоорум бар. Эже-сиўди уруша кетти. - Баласы экенин мойнуна алсын. Сага їйлєнсїн, їйлєнбєйт экен... - Сенин ишиў эмне менин жашоом менен? Єзїм билем. - Ошондой дечи. Бир тууган болгондон кийин аяба....ай ишим болот. Тантыбагын сен. Биз жат эмеспиз. Сага мен айтпасам ким айтат. Жан кїйєєр эне-атабыз жер алдында жатышат. Эки агабыз болсо жеўелерибиздин айтканы менен болушат. Сен эмне, жеўелериўе шерменде болгуў келип жатабы?! “Ана, карындашыў эрсиз тєрєп салды” деп агаларыбызга жаман кєргєзїшїн каалайсыўбы? Эки агабызды билесиў. Жеўелерибиз кайда жыгылса ошол жакка жыгылышат. Марал унчуга албай калды. Балким эжесиники туура болуп жїрбєсїн. Ансыз деле їч жылдан бери айылына барыша элек. Эки карындашыбыз бар эле деп єзїлєрї да издеп келишпейт. - Мен агаларыбызга Марал турмушка чыгып анан ажырашып кеткен деп койгомун. - Кубан келбей койсочу? - Келет, келбей кєрсїн... Келбесе сїйрєп болсо дагы алып келебиз. Ал жагын мага кой. Марал сєздї башкага бурду. - Жездем балдарынан кабар алып турабы? - Келбесе кара жерге кирсин ошол жездеў. - Жездем жакшы эле киши болчу. Сенин ичкениўе, митаамдыгыўа чыдабай кетип калбадыбы. - Ал єзї кетпейт болчу, жанагы “албарстысы” азгырбадыбы. - Анан мени дагы ошондой “албарсты” бол дегени турасыўбы? - Сен эмне “жеке менчик” эрдин койнунда эркелеп жаткыў келбейби? - Їй-бїлєєсїчї? Анын аялы дагы сага окшоп калышын каалабайм.

керемет картинаны жараткан Сабирдиндин колдорун колуна алып єпкїсї келип кетти. Бирок антїїгє батына албайт эле. Эмне деп айтаарга сєз таппады. - Куттуктайм. Кут болсун! – деди шыбырап. Анан экєє сїрєттїн бет ачаарын ырымдап белгилеп коелу деп шарап ачып ооз тийишти. Астанада єтє турган майрам жєнїндє сїйлєшїштї. Зейнеп ага эки чыгарманы даярдап жатканын айтты. Айтоор сїйлєшє турган сєздєр кєп болчу. Бирок буларда дайыма убакыт тар боло турган. Анткени Зейнеп їйїнє кечигип барбашы керек. Зейнеп Астанадан кєкїрєгї толо кубаныч менен кайтып келди. Дагы жаўы максат тилектердин їрєєнїн ала келди. Келсе кубанычтын їстїнє дагы бир кубаныч кошу- луптур. Аны скрипка чеберчилигин єнїктїрїї боюнча Санкт-Петербургка бир жылга окууга жибергени жатышыптыр. Устаты ага Санкт-Петербургда скрипканын чоў мектеби бар экенин айтып жїрчї. Буга єзї да абдан кубанды. Бирок Досумбектин макул болбосун ойлоп шаабайы сууй тїштї. Кечинде їйгє келгенде да бул жаўылык- ты кїйєєсїнє айтууга батынбады. Анын эмне дээрин алдын ала билет Зейнеп. Ошон їчїн єзїнїн шагы сынаарын ойлоп айтканга даабай турду. Эгер макул болсо бир аптадан кийин учуу керек экен. Ошол маалда їйдєгї телефон шыўгырап, Досумбек кимдир бирєє менен сїйлє- шїп калды. - Ооба, Досумбек. А ким сурап жатат? - Атымды айтпай эле коеюн, - деди телефондогу аялдын сылыксынган їнї. – Мен Зейнепти жакшы тааныйм. Ошол тармакта иштейм. Сиз бир нерсени билип кою- шуўуз керек. Ал Сабирдин Актанов деген сїрєтчї менен сїйїшїп жїрєт. - Сиз адегенде атыўызды айтыўызчы?

- Менин атымдын кереги эмне? Зейнептин сїрєтїн бакыйта тартып, музейге илип койгон. Ишенбей жатсаўыз барып кєрїўїз. - Качан? Кайсы сїрєтчї? – деп Досумбек ачуулана баштаганда аял телефонду шак койду. Зейнеп иштин жайын тїшїндї. Єўї бозоруп, ачуусу кєздєрїнє чыккан Досум- бек ашканага кирип келди. - Ал ким єзї? - Актанов деген сїрєтчї, - деди Зейнеп кїйєєсїнє. – Бирок сен жаман ойлобочу. Ал жєн гана... - Сїрєтїўдї музейге илгени чынбы? – Досумбек ачуусун тыйып, токтоо сурады. - Ооба, илген. Сїрєтчї деген кимди, эмнени тартышты єзї билет да. - Ыя де? Єзї белет дечи? Зейнеп унчукпай идиш-аяктарын жууй берди. Эми Досумбек менен тїшїнїшїї мїмкїн эместигине кєзї жетти. Жини кайнаган кїйєєсї бурчтагы їстєлдї кємєлєтє тепти. - елефонун бер мага сїрєтчїўдїн. Азыр барып талкалайм! – деди ызырынып. - Билбейм телефонун. Анын эч кандай кїнєєсї жок. - Кїнєєсї жокту кєрсєтєм силерге! Баары бир таап алам аны. Эшиктерди буту менен тээп ачып, сыртка чыгып кетти. Кєп єтпєй кайра кирди. - Зейнеп, угуп кой. Мындан кийин їйдє олтурасыў. Жумуш дегенди токтотосуў. Сыртка чыкчу болсоў скрипкаўды талкалап, кєзїўдї оюп салам. Зейнеп ачуулуу кїйєєсїн бир тиктеди да їндєгєн жок. Эртеси кїйєєсї жумушка чыгып кеткенде жетекчисине чалып бир аз ооруп калганын айтып, анан алиги окууга жолдомо тууралуу сїйлєштї. Їч кїндєн кийин учуу керек экен. Зейнеп Досумбекке айтпай туруп даярдык кєрє баштады. Ага айтуунун кереги эмне? Баары бир тїшїнбєйт.


СКАНВОРД

15

АКЫЛДУУ АКЫЛЫ МЕНЕН ЖАРАТ, АКМАК КЇЧЇ МЕНЕН ЖАРАТ.

18-январь, 2013-жыл


16

АРЗУУ

Сайкал ы н а в о с а к а б ы д Са н є д н є к т ї к , м сїйє тажабайм

Атым Нурбек, сиздердин гезиттеги «Арзуу» рубрикасын окуп алып, мен да жїрєгїмдєгї болгон арзуумду айткым келди. Алгач, ушундай мїмкїнчїлїк тїзїп бергениўиздер їчїн сиздерге рахмат! Мен шоу бизнестеги чырайлуу, белгилїї Гїлшайыр Садыбакасованын кызы Сайкал Садыбакасованы 5 жылдан бери жактырып жїрєм. Сайкал мурун толук кезинде жактырып жїрсєм, азыр куурчактай болуп арыктап, чырайына чыгып алганда єзїмдї коёрго жер таппай жїрєм. Сайкалдын єўїнє жараша келишкен їнї да бар эмеспи. Анын ар бир ырын кайра-кайра уккандан тажабайм. Машинемде да толо Кыз-Бурактын кыздарынын жана Сайкалдын дисктери толтура. Албетте, Сайкал мендей жєнєкєй жигитти карабайт. Бирок, жєнєкєй жигит да сїйгєнгє акылуу болуш керек деп ойлойм. Ал Бишкеке келген сайын артынан аўдып, караанын кєргєнїмє куштар болуп, жан дїйнємдє кадимкидей майрам болот. Анын гезиттерге берген интервьюларын окуп алып, жигиттер жєнїндє сєз айиткан болсо сїйїнїп калам. Себеби, апасы кыраан аял эмеспи, Гїлшайыр эжеден вайбыгып кєп жигит Сайкалга сїйїїсїн арнай албайт болуш керек. Бир жолу Филармонияда болгон бир концертке барып калдым. Сайкал да чыгып ырдады. Кийип алган жашыл, узун кєйнєгї єзїнє куп жарашып калат экен. Ошондо, залда отурган эркектерден кызганып, туталанып, эртерээк ырдап бїтїп, чыгып кетсе экен деп жаман болуп отурдум. ал ырдап бїтїп сахнадан кеткенден кийин жїрєгїмдїн соккону басылбайт, концерттин аягына чейин чыдабай, адатымча Сайкалды артынан аўдып кеттим. Алардын Ош базары жакта жаўы салып жаткан особнягы бар, азыр бїтїп калды. Кээде ошол жакка келип калат. Сайкалдын таттууну сїйєєрїн гезиттен окуп, ага бир коробка сникерс алып баргым келет, бирок сїрїнєн сїрдїгїп жанына бара албайм. Ал ырдаганда кєзїн сїзгєн сайын ичимен эзилип, эркелетип алам. Менин їйлєнєєргє убагым келип калса да, эмнедегир Сайкалдан їмїтїмдї їзє албай, Сайкалга їйлєнсєм деп кыялданып жїрєм.

Нурбек, Бишкек шаары

ОСКАРГА ТАЛАПКЕРЛЕР БЕЛГИЛЇЇ БОЛОТ АКШнын Киноакадемиясы быйылкы Оскарга талапкерлерди атаганы жатат. 2012-жылдын мыкты фильмдерин тандоо їчїн академиянын 6 миўдей мїчєсї жашыруун добуш беришкен. Адаттагыдай эле кинодогу эў абройлуу сыйлыктардын бири бир нече категорияда ыйгарылат. Атай кетсек – эў мыкты фильм, эў мыкты эркек жана аял актерлор, чет тилдеги эў мыкты фильм, эў мыкты музыка жана башкалар. Бул ирет Стивен Спилбергдин президент Абрам Линколн тууралуу “Линколн” (“Lincoln”) деген фильми жана Усама Бин Ладенди табуу аракеттерин, аны жок кылуу операциясын баяндаган “Номур биринчи бута” (“Zero Dark Thirty”) деген фильм кєп сыйлык жыйнайт деп болжолдонууда. “Пинин жашоосу” (“Life of Pi”) жана “Кордук кєрїп, запкы чеккендер” (“Les Miserables”) деген тасмалардын да мїмкїнчїлїктєрї киносынчылар тарабынан жогору бааланууда.

Дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын жалпы эмгек жамааты КРнын Тышкы иштер министри Абдылдаев Эрлан Бекешовичке жана анын їй-бїлєсїнє атасы АБДЫЛДАЕВ БЕКЕШ АБДЫЛДАЕВИЧТИН

дїйнєдєн кайткандыгына байланыштуу тереў кайгыруу менен кєўїл айтат. Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун.

Окурмандын ою

БАЙКООЧУ КЕЎЕШ ЭМНЕНИ БАЙКАП ЖАТАТ? Мен окурман катары кыргыз эстрада жылдыздарына карата айтаар сєзїм бар. Азыр ырдаганды билгени деле билбегени деле ырдап элди ирээнжитип эле атат. Аттарын атабай эле коёюн бирок, кээ бир ырчылар сырткы келбетине кєбїрєєк басым жасап, кооздонушканы менен ички кєрєўгєсїндє эч нерсе жок. Жада калса интервью бергенди билишпейт, эки ооз сєздї курай албай тамтаўдашат байкуштар. Аларды караган атайын «Байкоочу кеўеш» деген Маданият министрлигинин астында атайын ырчыларды кєзємєлдєй турган кеўеш тїзїлгєн. Эмнегедир алардын иштегенин такыр кєрє албай койдум. Кийимин кєзємєлдєйбїз, ырдаган ырынын маанисин, аткаруусун, їнїн текшерип туруп сахнага чыгарабыз дешкендери менен формасы шумдуктуудай болуп, кебетеси келишкендер толтура эле чыгып жатпайбы. Же бул ырчыларга байкоочу кеўештин да алы келбей калганбы? Неги ал кеўештин тїзїлгєнї абдан туура, бирок анча-мынча ырчы сєрєйлєрдї тизгиндеп койсо жакшы болмок. 18-январь, 2013-жыл

Ак-Талаа райондук Їй-бїлєлїк Медицина Борбору

ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАЙТ 1-лот: дары дармек таануучу материал.

Тендер Ак-Талаа райондук Їй-бїлєлїк Медицина Борборунда 25.01.2013-ж єткєрїлєт

т.: 0770 41-47-82


Айбат - коомдук-саясий гезити