Issuu on Google+

Жаўы жылыўыздар менен!

2012-ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ

8-9

Жаратканым жар болсун!

Коомдук–саясий гезит •

aybatkg@mail.ru •

№ 12 • 28-декабрь, 2012

Келдибековдун "хансарайлары"

3

4 МЛН. 900 МИЎ СОМГО ТЄШ БЕЛГИ САТКАН БШК 4 «ЖАЎЫ ЖЫЛ ЖАРЫК МААНАЙ, АРУУ ТИЛЕКТИН ЖЫЛЫ БОЛСУН!» Урматтуу мекендештер!

САДЫР ЖАПАРОВДУН КОЛУНДАГЫ “КУУРЧАКТАР”

Сиздерди Жогорку Кеўештин депутаттарынын атынан Жаўы жыл майрамыўыздар менен чын дилимден куттуктаймын. 2013-жыл жалпы эл їчїн тынччылык менен єнїгїї, ынтымак менен биримдик, кайрымдуулук менен боорукерлик жылы болсун! Єтїп бараткан жыл кыйла татаал болгондугуна карабастан, Кыргызстандын соўку тарыхындагы бурулуш мезгилинен болуп калды. Турмушубузга кєптєгєн жаўы саамалыктар кирип, жакшы жєрєлгєлєр жаралуу менен, коомубузда жаўылануу жышааны байкалууда. Ошондон улам, єз келечегибизге илгери їмїт байлап, чоў ишеним артып турабыз. Жаўы жыл їй-бїлє майрамы да болуп саналат. Биз Їйбїлє, тынчтык, ынтымак жана кечиримдїїлїк жылын жыйынтыктап жатабыз. Їй-бїлє – кичи мамлекет, їйбїлє – турмуш башаты. Ошондуктан, ар бїлєдє ынтымак болуп, жалпы мамлекетте тынччылык єкїм сїрсїн! Кыргызстан калкы баардык кїнїмдїк кыйынчылыктарды жеўип чыгып, мамлекетибиз келечекте чыныгы демократия жолуна тїшїп, телегейи тегиз єнїккєн єлкєлєрдїн кєчїнє кошула тургандыгына тереў ишенем. «Жакшы тилек – жарым ырыс» дейт, андыктан, 2013жыл баарыбыздын жаарык маанай, аруу тилектерибиз жїзєгє ашкан жыл болсун! Биз калк турмушуна алгылыктуу єзгєрїїлєрдї алып келген жаркын окуялардын кїбєсї бололу! Дагы бир ирет – Жаўы жылыўыздар менен!

2

Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўешинин Тєрагасы


2

МАЕК

Болот БАЙКОЖОЕВ, экс-депутат:

“ЖК ДЕПУТАТТАРЫНЫН ТАЗА ЭМЕСТИГИНЕН УЛАМ ЭРТЕЎ С. ЖАПАРОВДУН КЕБЕТЕСИН КИЙИП КАЛАМ ДЕП ЧОЧУЛАШУУДА” - Болот мырза, “атажуртчу” Садыр Жапаровдун кол тийбестиги боюнча ЖК карап, аны депутаттар колдобой коюшту. Буга кандай карайсыз? - Буга туура эмес эле карайм. Бул жерде карга карганын кєзїн чукубайт болуп кетти. Себеби, азыркы Жогорку Кеўештеги депутаттардын “кєчїгї” таза эмес. Эртеўки кїнї Садыр Жапаровдун кебетесин кийип калам деп чочулашууда. Мыйзам алдында тоодо кой кайтарып жїргєн чабан менен депутаттарга чейин бир укукта болушу шарт. Бирок , бизде тескерисинче болуп жатканы жанды кейитээрлик иш болуп атпайбы?! Мисалы, диктаторлук системада жашап жаткан мамлекеттерде кол тийбестик єкїм сїрїп, гїлдєп єнїгїїдє. Ал эми Кыргызстан дагы ушул кол тийбестикти бапестеп багуу менен диктаторлук єлкєнї кубаттаарын кєрсєтїп жатат. Анткени, єлкє парламенттик башкаруу системасын тандап алган соў Жогорку Кеўеш эл менен бийликтин ортосунда ортомчул болуп элдин талабын айтып, аткарууга кєзємєл жїргїзїшї керек. Аны менен кошо жоопкерчилик ого бетер жогорулап, кол тийбестик деген сыяктуу “бизнестик” афералык ыкмаларын токтотушу керек. Демек, ар бир жаран бирдей укукка ээ болушу зарыл. Анткени, ким кылмыш жазаса ага жооп бериши мыйзамга ылайык. - Ар бир жаран теў укукта болушу керек деп жатасыз. Депутаттардын кол тийбестигин алып салууну колдойсузбу? - Албетте, бул сунушту кош колдоп колдойм. Кол тийбестик деген артыкбаш ыйгарым укуктардын кереги жок. Мыйзам алдында ким болбосун бирдей болушу ажеп. Демократиялык мамлекет болгондон кийин депутаттар ар кандай маселени сындап жатышат. Алар кээ бир туура эмес айтылган сындары їчїн дагы мыйзам алдында жооп бериши керек. Садыр Жапаров ким экенин кєрсєтїї. Ал бийликти баскынчылык жол менен алууга болгон ойлорун ачыктап берди. Пистолет менен акїйгє кирип жїрєт. Бул эмне деген кадам?.. Муну менен парламентте депутаттар эмес бандиттер отурат дегенди тїшїндїрєт. Жогорку Кеўеште отурган 120 депутаттын 90 пайызы мыйзам

токуганды, алтургай депутат эмне кызматты аркалагандарын билишпейт. Бїт баардыгы єз бизнесин коргоп сактап калыш їчїн же акча єєнєш їчїн келгендер. Парламентке келиш єзїнчє эле бизнес болуп калды. Арты таза эмес болгондуктан Садыр Жапаровду колдоп жатышканы ушу да. Партиялык тизме менен шайланганда эл кимдин-ким экенин кєрє албай калып жатышат. Алардын лидерлерин билишет, калганын билишпейт. Ошол себептен партиялык тизме азыркы Кыргызстан їчїн эртелик кылып жатат. Азырынча 50 пайызын окуругдук, жарымын партиялык тизме менен болгондо жакшы натыйжасын бермек. Эл буга кєнє элек. Мисалы, мен 120 депутаттын баягы эле бакылдактарын тааныбасам, калганын тааныбайм деле. Анан кантип алардын иш алып бараарын билмек элек. Жапаровду колдоп чыккандар ким экенин элге ачык кєрсєтїшї керек болчу, керек болсо... - Сиз депутат болуп жїргєн мезгилде, тагыраагы 2000-жылы Аскар Акаев депутаттардын кол тийбестигин алып койгондо кандай натыйжа болду эле? - Ал кезде жакшы эле жемишин берип баштаган болчу. Андан кийин кайрадан кол тийбестик керек экен деп Башмыйзамга киргизип коюшпадыбы?.. - Сиз айтып жаткан мез-

гилде деле “жепичкич” депутаттардын бири дагы жепичкени боюнча бир дагы мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылган эмес эле да? - Туура. Ошол їчїн эл Акаев менен Бакиевди кууп чыгышпадыбы... Азыр чыгып алып ар-кайсыны айтып, ойду-тоонуу сїйлєгєндєн кєрє єнїккєн мамлекетти курбайлыбы? - Кол тийбестикти алып таштоо менен “ууру-кески” депутаттардын бийликке келбей калат деп ойлойсузбу? - Эл кимди шайлайт єзї билет. Бирок, ошол шайлоо маалында эл таза адамдарды шайлаганды билбей жатат. Бул дагы элдин кандайдыр бир деўгээлде маданият, кулк мїнєзїн чагылдырууда. Депутаттыкка аттанып жаткандар элге 100 сом берип, бийликке келип миллиондорду уурдап жатышпайбы? Бул чо-оў бизнес болуп калбадыбы? Садыр Жапаров єзїнчє баатыр болуп, мага кол тийбестиктин кереги жок дебеди беле? Кайрадан кыпыўдап корко баштады. Айткан сєзї менен кылган ишинин айырмачылыгы асман менен жердей эле болуп турат. Калпычы деп айтыш керек. Андан дагы кыргыз гезиттер “кылмышкер” Садыр Жапаровду “жылдын адамы” катары кєрсєтїп жатышканына кїйєсїў... Мээрим Бактыбек кызы

Редактордун орун басары: Тєлєбїбї КАСЫМАЛИВА Редакциялык жамаат:

Гезит ээси:

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ 28-декабрь, 2012-жыл

Аида ИШЕНГУЛОВА Акинай АЙДАРОВА Мелис АРТЫКОВ Мирбек АСАНАЛИЕВ Самара САЛАМАТОВА

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: aybatkg@mail.ru Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

ТАПКАН ЭКЕНСИЎЕР ЖЫЛДЫН АДАМЫН, ЖЕ САДЫР ЖАПАРОВДУН КОЛУНДАГЫ “КУУРЧАКТАР” Ондон ашык кыргыз гезиттеринин башын кошкон «Кыргыз гезиттеринин биримдиги» уюму камакта жаткан депутат Садыр Жапаровго «Жылдын адамы» сыйлыгын тапшырышты. Сыйлыкты «Алиби» гезитинин редактору Бабырбек Жээнбеков тапшырды. Камчыбек Ташиевге караштуу «Майдан.kg» гезитинин редактору Нургазы Анаркуловдун айтымында, Садыр Жапаров «Кумтєрдєгї» кєйгєйдї алып чыкканы їчїн сыйланып аткан имиш. Бул сыйлыкты тапшыруу менен сыйлыкка аты чапталган «Арена», «Жаўы Ордо», «Учур», «Алиби», «Деньги и власть», «Ачык Саясат», «Де-факто», «Асман пресс», «Азат», «Кабарлар», «Кереге», «Майдан» гезиттери жана интернет барактары єздєрїнїн деўгээлин дагы бир жолу кєрсєтїп койду десек жаўылышпайбыз.

Ошол эле гезиттерде иштеген кесиптештерибиз бул сыйлыкты тапшырууда, ошол гезиттердин бир уюмга биригїїсїнїн артында чоў акчалар турганын айтып беришсе жакаўды кармаганга аргасыз болосуў. Андыктан, аталган маалымат каражаттары материалдык кызыкчылыктар їчїн ушундай кадамдарга да даяр экени адамды иренжите турган кєрїнїш. Болбосо Садыр Жапаров Курманбек Бакиевдин тушунда депутат, андан кийин коррупцияга каршы кїрєш кызматында комиссар болуп иштеп турганда «Кумтєр» маселеси жок беле? Ал ишкана бїгїнкї бийликтин тушунда пайда боло калдыбы? Бул кєйгєйдї єзїнє козголо турган кылмыш ишинин жоопкерчилигинен качуу максатында, эл кєзїнє саясый туткун болуп кєрїнїїгє далалаттанганын “кєзїн” жакшыраак ачып караган адам тїшїнїп эле турбайбы. Бу саясатчыларыўда го бет жок, ал эми ошолорго курал болуп, колундагы куурчак болуп аткан кесиптештерге зээниў кейийт. Мунусу бул болду. Маалымат жыйындын ары жагы Кыргыз Гезиттер Биримдиги деп аталган уюмдун жетекчиси Бабырбек Жээнбековдун «трибунасы» болду. Ал єзїнє президент, премьерминистр кїн сайын кызмат сунуштап атканын, бул баш тартып атканын айтты. Алар кїн сайын кызмат сунуштагандай «дефицит» кадр болсо унчукпайт элек. Анан дагы ал жетектеген Антимонополдук комитет жоюлуп Экономика министрлигинин карамагына єтїп калганда, кызматын сактаганга жаналакеттенип, кїйпєлєктєгєнїн, кызмат сунуштаса барбай кое турган ал киши эмес экенин жакшы билебиз. Бул аракеттер кызмат їмїт этип, сурап, анан бул сунушу четке кагылган адамдын жїрїшї экени да бизге маалым. Бабырбек мырза, «Мен єлкєнї єнїктїрїї боюнча ойлорумду айтып, президентке кайрылуу жарыяладым,. Эч кандай реакция болгон жок. Кала берсе чалып, кайрылуунун жарыяланышынын себебин да сурап коюшпады» деп єзїўїз айтып жатасыз. Анан сизге чалып койбогон, эч кандай реакция жасабаган адамдар кызмат сунуш кылганына ким ишенсин? Анан сиздин ар бир макалаўызга жооп жазып отургандай президент менен єкмєт башчынын башка кылар иши жокпу? "ЄлкєГезитте жа��ыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

дє ушундай кырдаал уланып кете берсе, ортодо тирешїї пайда болот" деген сєздєрїўїздєн бийлик коркуп кетет дейсизби? «Кыргыз гезиттеринин бийликке каршы чыга турган ою жок. Негизги максат — Кыргызстандын єнїгїї жолун бирге алып кетїї. Єнїккєн мамлекетке айланса, кадр маселелери туура чечилсе, экономикалык абал оўолсо деген тилек» дейсиз. Профессионал журналист болсоўуз бул сєздї айтпайт элеўиз. Анткени, маалымат каражаттарында бийликке каршы чыгуу, же аларды колдоо деген функция жок, болгону окуяларды калыс чагылдырып берип туруу керек. Аксакал журналист Алым Токтомушев туура айтыптыр. «Эгер оппозицияга єткїлєрї келсе, «биз оппозицияга єттїк» дебей эле єтїш керек болчу. Минтип коркутуп жаткандарына караганда аны уюштуруп жаткандардын кимдир бирєєсї бийлик сурап жаткан го? Негизинен басылмалардын бардыгы єлкєдє болуп жаткан окуяларды анализдеп, изилдєєгє алып, анан баасын берїїлєрї керек. Бийликтин туура эмес жасап жаткан иштери болсо, аны да коркпостон чагылдырыш керек. Анан єлкєдєгї абалды эч кандай изилдєєгє албай, анализдебей эле, бир гана Атамбаевди сєккєндє оппозиция болуп калбайт да. «Биз бийликке каршы оппозицияга єттїк» дегендери Атамбаевди сєгєбїз деген эле кептери» дебедиби. Андан кєрє, «минтебиз, тигинтебиз, бир багытка биригебиз» деп жар салбай жазгыўыз келгенин жаза бербейсизби? Анан дагы «кадр маселеси» деп сєз арасында айтып кетип атканыўыз да бекеринен эмес да. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин бєлїмїндє катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №3368

Нускасы: 1300


3 ЄМЇР БОЮ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТЫ АРКАЛАГАН КЕЛДИБЕКОВ БАШТАН АШКАН БАЙЛЫКТЫ КАНТИП ЧОГУЛТТУ? БАЙ-БАГАР

“Кыргызстан патриоттор” кыймылынын лидери Назарбек Нышанов єткєн жумада сенсациялуу билдирїї таратты. Ал оппозициянын кєч башында жїргєн Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, абакта отурган Нариман Тїлеев, “Республика” партиясынын тєрагасы Ємїрбек Бабановго таандык делген имараттарды, “темир тулпарларды” сїрєтї менен коомчулукка сунуштады.

Бизди ємїр бою мамлекеттик кызматты аркалап келаткан Акматбек Келдибековичтин баасы 100 миў доллардан жогору турган машинелерди минип, наркы 300-400 миў долларлык хансарайларда жашап атканы таўгалтырды. Тємєндє Келдибековго жана анын жубайына таандык делген мїлктєрдї сїрєтї менен кошо жарыялайбыз.

Акматбек Келдибековдун “мыйзамдагы ууру” Камчы Кєлбаев менен жылуу мамиледе жїргєнї айтылчу эле. Мунун аныгын Назарбек Нышанов Кєлбаевдин Келдибековго берген белеги аркылуу далилдеди. Баса, сїрєттє кєрсєтїлгєндєн сырткары, Келдибеков менен анын жубайы А.Токтоматовага катталган унаалардын тизмеги мындай: Тойота-Лендк-

рузер (№ В0001N), Лексус-RX350 (№ В0700Н), Лексус-RX350 (№Е0007А), Лексус-RX350 (№Е0710С), ТойотаФортунер (№ В0707Y), Тойота-Лендкрузер (№ В8203А), Мерседес-Бенц– Е320 (№ В0700H), Мерседес-Бенц– Е320 (№ Е5941С), Хонда-Одиссей (№В 3725 D), Шевроле-Субурбан (№В 0001 N), ВАЗ 21214 – Нива (№ Е3443D).

Лексус LX 570, 2011 ж., № В8888AB, баасы 120 мин доллар. (Камчы Колбаевдин белеги)

Медеров-Панфилов кєчєлєрїнїн кесилишиндеги эки чоў особняк. Ар биринин баасы 350-500 миў доллар.

Рейнж-Ровер, 2010 ж., № В0001АС, баасы 80-100 мин доллар

Тынчтык проспектиси – Тїштїк магистраль кесилишиндеги (д.97/4, кв.6) кєп кабаттуу їйдєгї элиталуу батир - баасы 200-250 миў доллар.

Токтогул (д.86/1 кв.4) кєчєсїндєгї кєп кабаттуу їйдєгї элиталуу батир - баасы 150-200 миў доллар.

Тойота Лендкрузер, 2009 ж., № В1007АС, баасы 60-80 мин доллар (Алтынбек Сулаймановго белек кылып берилген)

Мерседес G 55 AMG, 2009 ж., № 1000BZ, баасы 80-100 мин доллар

Токтоналиев (д.36/1 кв.28) кєчєсїндєгї кєп кабаттуу їйдєгї элиталуу батир - баасы 150-250 миў доллар.

Табалдиев (д.96а) кєчєсїндєгї (Политех району) тосулган 10 сотка участок - баасы 120 миў доллар.

Тойота Фортунер (джип), 2006 ж., № В 8888 J, баасы 40 мин доллар

28-декабрь, 2012-жыл


4

ОМ-ЕЙ 4 МЛН. 900 МИЎ СОМГО ТЄШ БЕЛГИ САТКАН БШК

БАБАНОВ «ИТКЕ МИНИП» КАЛЫПТЫР... Жалаў “биттин ичегисине кан куйган” бизнесмендерден, “эсил кайран” “Ак жол” партиясынын депутаттарынан, бакиевчил кадрлардан куралган жана экс-ханзаада Максим Бакиевдин оў колу Ємїрбек Бабанов жетектеген “Республика” партиясы ыдыраганы калды. Бул тууралуу ишенимдїї булагыбыздан кабарлашты. Маалыматка караганда, кийинки жумада “Республиканын” Токтогул кєчєсїндє жайгашкан борбордук штабы жабылып, кызматкерлери кєчєгє “куулат” экен. Муну жетекчилик “штабды каржылоого акча табылбай калды” деп тїшїндїрїшїптїр. Кыргызстандан дагы бай Ємїрбек Токтогулович партиянын ишин кыймылдаткан адамдарын бакканга жарабай, “итке минип калды” дегенге ким ынанат? Бул дейине караганда Бабанов саясатты жыйыштырып, кєнгєн эле жагына – Казакстанга журт которуп, бизнесин гїлдєтїї чечимине токтолгондон сообу деги?

2012-жылдын 25-нобярь кїнї «Кыргыз Республикасынын жергиликтїї кеўештерге шайлоо» жєнїндє Мыйзамына ылайык 25 шаар жана 415 айыл аймактарында шайлоо єткєрїлдї. Шайлоого 1 291 541 шайлоочу катышып, 51,13 тїздї. Шайлоонун жыйынтыгы, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна ылайык 7545 депутат, анын ичинен 699 депутат шаардык кеўештерге шайланышты. Єткєн шайлоодо «Кыргызстан Жаштар Кеўеши» жаштар уюму тарабынан 200дєн ашык депутат эл добушун алып, жергиликтїї кеўештерге депутат болуп дайындалды. Кыргыз мамлекетинин жарандары, жергиликтїї кеўешинин эл єкїлдєрї эл берген депутаттык мандатты, БШКнын 12 эсе кымбаттатылып жасалган депутаттык тєш белгилер боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан Борбордук Шайлоо Комиссиясынын чыгарган Токтомунун тууралыгы жана анын мыйзамдуулугун текшерип, иликтеп берїїсї тууралуу кайрылышты. Биринчиден: 12 эсе кымбат баадагы тош белгини жазатуу менен, депутаттарга мажбурлап алдырууга БШКнын укугу барбы жана Мыйзам буга жол береби? Экинчиден: 7545 депутаттан 650 сомдон чогултуп, аны кєбєйтсєк 4 904 250 сомду тїзєт. Ал эми биздин иликтєєбїздє: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўешинин депутаттарынын тєш белгилерин жазап берген Бишкек шаарындагы Байтик-Баатыр (Советский)-Киевский кєчєлєрїнїн кесилишиндеги «Рубин» алтын цехинен суратсак, Кыргызстан

боюнча эў мыкты темир, эў сапаттуу эмалдуу боек (краска), эў мыкты бекитме менен жасалган эў кымбат тєш белгинин баасы 220 сомду тїзєт жана андан ашпайт деп билдиришти. Ал эми, КР ЖКнин депутаттарынын тєш белгилеринен эч айырмаланбаган «Кыргызстан Жаштар Кеўешинин» тєш белгилерин жазап берген цехинин єкїлдєрї 200 сомдон ашпаш керек деп белгилешти. Мындан тышкары Бишкек шаарындагы тєш белги жасай турган кєптєгєн жерлерден дагы жогорудагыдай жооп айтышууда. Эгерде, 220 сомдон 7545 депутатты кєбєйтсє 1 659 900 сомду тїзєт. Анда калган 3 244 350 сом кайда деген суроо туулат? Їчїнчїдєн: азыркы убакта мамлекет башчысы А.Атамбаев, КР ЖКнин депутаттары, премьер-министр Ж.Сатыбалдиев негизсиз чыгашаларды токтотолу, чєнтєгїбїзгє жараша жашайлы деп чакырып жаткан шартта, мамлекеттик бюджеттин таўкыстыгы 23 млрд. сом, тышкы карызыбыз 3 млрд. америка долларын тїзїп турган кезде, БШК 50 сомдон 200 сомго чейин жазалчу тєш белгини 650 сомдон жасап жатканы, негизсиз ысырапкерчиликке жол бергени деп тїшїнєбїз. Эгерде, кичинекей тєш белгиден млн. сомдор махинациялык жолдор менен жазалса, чон иштерде млрд. жїгїрєт турбайбы. Жаўы шайланган депуттардын алгачкы ишмердїїлїгїн коррупциядан баштаганга БШК шарт тїзїп берди. Жеўиш Молдокматов, Кыргызстан Жаштар Кенешинин теў-тєрагасы

ЖУРНАЛИСТТЕРДИ БЄЛЇП ЖАРГАНДАР КИМДЕР?.. Президент болом, премьерликке барам, їлкєн кызматка отурам деген амбициялары кїч саясатчылар тїшїнїксїз, аягы жакшылык менен бїтпєс «иш» башташты. Учурдагы бийликти моралдык жактан алсыздандыруу максатында бир топ пландарды тїзїшїп, аны ишке ашырууга белсене киришкени байкалууда. А бирок журналист журтучулугун экиге бєлїп, бул жакшы, бул жаман, бул бийликке лоялдуу, тиги бийликти сындайт, мунусу орус тилдїї, аркысы кыргыз тилдїї деп єзїнчє топ кылып бєлїп алып, кылдан кыйкым издеп, гезиттерге президентти, премьерди, спикерди баштан аяк жамандаган материалдарды чыгартып жатышы бул саясатчыларга аброй да, пайда да алып келбейт. Белгилїї болгондой, бир катар кыргыз тилдїї гезиттер биригип, чогуу чаран бийликти сындап, президент А.Атамбаевдин басма сєз кїнїндє айткан сын пикирине теригип жатышканын жарыя кылышты. Эми ошол кїнї президенттин айткан сєзїн карап, талдап кєрєлї. Алгач, президент сєздїн канчалык кїчї бар экенин, Кыргызстанда сєзгє болгон мамиле єзгєчє экенин белгилеп, тилекке каршы, бїгїнкї кїндє сєздїн баркы кетип калганын жана ыйман, сєзгє болгон сый урмат менен бирге Кыргызстанда да кайсы бир жакшылыктар кетип жатканын айтты. «Ыйык нерсе калбай калды, бул абдан коркунучтуу, ошондук28-декабрь, 2012-жыл

тан мен убакыт барда гезиттерди эмес, китеп окуганга аракет кылам. Мынчалык пас кеттик, мынчалык майдаланып кеттик, такыр эле болбой баратабыз. Сєз менен адамды єлтїрсє да болот, сиздер деле билсеўиздер керек, адамдардын инфаркт, инсульт болгон учурларын. Балким, сиздер кєнїп калгандырсыўар, мен эмгиче кєнє албай жїрєм. Мен їчїн бул оор, адам жыл єткєн сайын баарын жїрєгїнє жакын кабыл алат», дегени эсибизде. Болгону ушул. териге тургандай, таарына тургандай негиз жок. Президент тереў аналитикалык материалдар, журналисттик иликтєє дегендерди унутуп, тираждарын имиш кептер менен гана кєтєрїїгє, саясатчылардын колунда курал болуп, алардын жетегине кирип, кара пиар менен алектенип калган жалпы бїгїнкї басма сєздїн абалын айтып жатканы ошол эле таарынып аткан журналисттерге беш колундай белгилїї. Болгону, президенттин минтип айтышы учурдагы бийликтин саясий оппоненттерине бет тырмарлык ыкма менен илинчек таап, кошумча дискредитация їчїн себеп болуп калды окшойт. Оппозиция имиштердин арыгын чаап жаткан журналисттер деле белгилїї. Алардын арасында ыраматылык Мелис Эшимкановдун иниси Эрнис Асек уулунан башка эл оозуна алынган, белгилїї деле журналист жокко эсе. Кызматынан кол жууп, эриккенинен єзї ачкан «Алиби» гезитинин башкы редактору болуп барып алган Ба-

бырбек Жээнбековду журналист деп деле айта албайсыў. Ал єз кызыкчылыктарын алдыга тїртмєлєгєн жана ушул кызыкчылыктардын алкагында оппозиция менен алака тїзїп аткан саясатчы. Премьерминистр Жантєрє Сатыбалдиевдин кабылдамасында жїргєнї, андан чоў кызмат сураганы чынбы? Эми болсо «мага кызматтын кереги жок» деп тєш какканы кїлкї келтирерлик иш. Єзї сураган, єзїнє жаккан кызматка келсе, баштан аяк Атамбаевди сындап жазган гезити дароо башка курс менен кетери турган иш. Учурда кыргыз элинин эмес, жеке єзїнїн кызыкчылыктары менен элди козутуп, митингдерге улам чыгарып, эми баары бїтїп, журналисттерди бєлїп жарып, ич ара душмандатып аткан саясатчылардын жолу болсун! Алардын жетегиндеги журналисттер басылмаларына «шефтерин» мактап -жактап жазганы, каршылаштарын «боктогону» аз келгенсип, эми теў салмакты сактаган, же бийликке лоялдуу журналисттер менен тирешип атканы этикага да, адамдык сапаттарга да туура келбейт. Ал эми азыр ажолук, же єкмєт башчылык тактылар кєздєрїнєн учуп, кєз ачыктарга кайрылып, тєлгє салдыртканга чейин барып, андан соў єздєрїнє тиешелїї басылмалар аркылуу ал жєнїндє мактанып жаздырткан айрым инсандар убактылуу мансаптарды коюп, тїбєлїктїї нерселер жєнїндє ойлонушса, єздєрїнє эле оў болмок. Нургуль Карыбекова

Бир собол

Башкы прокуратуранын «ата журтчу» Садыр Жапаровду кол тийбестик укугунан ажыратуу сунушуна 68 депутат каршы чыкты. Эл єкїлдєрїнїн мындай чечимине берер бааўыз кандай? Дегеле депутаттардын кол тийбестик макамын ажыратуу демилгесин колдойсузбу?

Турсунбек ЧЫЎГЫШЕВ, коомдук ишмер:

«САДЫР ЖАПАРОВДОЙ ЧЫККЫНЧЫ АДАМДАРДЫ КАМАТЫШ КЕРЕК» - Мен Жогорку Кеўештин кабыл алган чечимин колдобойм. Эгерде Башкы прокуратура кандайдыр бир депутатка негиздїї кылмыш ишин козгоп, Жогорку Кеўешке анын кол тийбестигин алып салуу сунушу менен кайрылса, сєзсїз канааттандырылыш керек. Биздин депутаттар бири биринин жасаган аракеттерин кєрїп-билип туруп, кылмыш жоопкерчилигинен коргоп жатышпайбы. Эгер депутаттардын абийири болсо, элди ойлосо Садыр Жапаровго окшогон чыккынчы депутаттарды каматыш керек. Турсунбек АКУН, Акыйкатчы:

«ДЕПУТАТТАР БИРИ БИРИНЕ ТИЛЕКТЕШТИК КЫЛБАШ КЕРЕК» - Бул маселе боюнча парламентте айттым. Бїгїн дагы бир ирет сиздерге кайталап коеюн. Мен депутат Садыр Жапаровду кїнєєлєбєйм. Анткени, сот чечими чыкканга чейин кїнєєлїї деп табылбайт. Ал эми депутат болобу, же жєнєкєй катардагы жаран болобу, мыйзам бардыгына бирдей. Бул жаатта депутаттар бири бирине тилектештик кылбаш керек. Кечээ кїнї менимче депутаттардын тилектештиги болуп кетти. Мындай шартта тезинен кол тийбестигинен ажыратып, ишти сотко ашырыш керек. Ал депутаттын канчалык деўгээлде таза экендигин сот аныктайт. Депутаттар кол тийбестигинен ажыратпай коюшту, эми тергєє иши да узарып, сот да кыйналат. Ошол эле учурда депутат єзї дагы кыйналат. Парламентте таза депутаттар кєп эле. Бирок, баягы: «Бир уйдун мїйїзїнє чапсаў, миў уйдун мїйїзї зыркырайт» дегендей бирин-экин депутаттардын айынан 120 депутаттын кадырына доо кетип калууда. Азиза АБДРАСУЛОВА, укук коргоочу:

«МЕН ЄЗЇМДЇН КЫЛГАНЫМ ЇЧЇН ЖООП БЕРЕМ ДЕГЕН ЖООПКЕРЧИЛИК ЖОК БОЛУУДА» - Депутаттык кол тийбестик макамы дегенди эки тараптуу карашыбыз керек. Биринчиси, депутат єз милдеттерин аткарып жатканда, єзїнє тиешелїї ыйгарым укуктардын негизинде иш алып барууда жасаган аракеттери їчїн жооп бербейт. Экинчиси, парламенттеги ишинен сырткары, єзїнє тиешелїї ыйгарым укуктардын чегинен чыгып кетсе, же депутаттык ишмердїїлїгїнє чейинки аракеттери мыйзамга каршы келсе жооп берїїгє тийиш. Кечээ кїнї «Бул депутат, анын кол тийбестиги бар» деген бир жактуу гана кєз караш менен Башкы прокуратуранын сунушун четке кагып коюшту. «Ал эми депутаттын кїнєєсї качан жасалган, депутаттык кызматка келгенге чейинби, же андан мурунбу? Тагылып жаткан айыптар депутаттык ишмердїїлїгїнє байланыштуубу?» деген суроолор жоопсуз калды. Муну менен мен Садыр Жапаровду кїнєєлїї дегеним жок. Анын кїнєєсїн сот аныктайт. Бирок, ошол эле учурда депуттарда: «Єзїмдїн кылганыма мыйзам алдында єзїм гана жооп берем» деген кєз караш жок болууда. Кєпчїлїк депутаттар: «Эртеў мен да ушунун ордунда болуп калбайын» деген коркунуч менен каршылык кєрсєтїп жаткандай сезилет. Орозбек ДЇЙШЕЕВ, коомдук ишмер:

«ЖОГОРКУ КЕЎЕШ ЄЗДЄРЇНЇН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ЇЧЇН ИШТЕП АТАТ» - Кептин баары ушул кол тийбестикте болуп атпайбы. Биздин мамлекетте тазалык болсун, коррупцияга каршы кїрєшєлї деген аракеттер болуп, ага Жогорку Кеўеш каршы чыккандай болуп атат. «Жок, коррупция гїлдєй берсин, бири бирине согуш ача берсин» дегендей мамиле жасап коюшкансыды. Бул туура эмес тїшїнїк дагы эмес, атайын жасалып жаткан аракет. Садыр Жапаровдун туура эмес иштери оркоюп эле кєрїнїп турбайбы? 3-октябрдагы жасаган иши кайсыл акылга сыят? Анын айынан канчалаган инвесторлор кетип калышууда? Тоокен єнєр-жайына єтє чоў зыян алып келишпедиби? Эгерде ал таза болсо прокуратура, сот териштирип актап чыгат болчу. Ошондо гана эл тїшїнєт эле. Азыр Жогорку Кеўеш коррупцияга каршы кїрєшїїнї колдобой жатат. Алар єздєрїнїн кызыкчылыгы їчїн иштеп атат. Даярдаган Акинай Айдарова


5

АРТЫК КЫЛАБЫЗ ДЕП, ТЫРТЫК КЫЛБАЙБЫЗБЫ?

МАМКОМИССИЯ КЫРГЫЗСТАНДЫ ЖАРГА ТАКАБАСА БОЛДУ Адегенде Садыр Жапаров баштаган топтун «Кумтєрдїн» айланасындагы чуусу басылбай, акыр аягы мамлекеттик комиссия тїзїлгєн эле. Тоо-кен єндїрїшїн туура тїшїнгєн адистер «Кумтєрдїн» ишин токтотуу акылга сыйгыс иш экендигин миў сайрашса дагы, ызы-чуу улам кїчєп, 25-декабрда атайын «Кумтєрдїн» ишмердїїлїгїн иликтєєгє алган мамлекеттик комиссия жыйынтыгын чыгарып їлгїрдї. Тилекке каршы, мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы ансыз да боору менен сойлоп калган экономикабызды ого бетер боорго тебе турган єўдєнєт.

Бир нече айга созулган иликтєє иштеринен кийин мамлекеттик комиссия «Кумтєр» боюнча 2009-жылы тїзїлгєн келишимди кайра баштан карап чыгуу талабын коюшту. Андай болбогон кїндє эл аралык арбитраждык сотко кайрыла тургандыктарын юридикалык экспертиза боюнча топтун башчысы, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Мындан тышкары, «Кумтєр Оперейтинг Компани» (“КОК”) компаниясынын президентик кызматына Кыргызстан-

дын жаранын дайындоо керек экендигин да баса белгилешкен. Кызыгы, мамлекеттик комиссиянын отчету боюнча аталган компания Кыргызстанга эч кандай киреше алып келип жатпагандай, жалаў гана экологиялык зыян жана алдап тоноочулук менен шугулдангандай катуу дооматтарды коюшкан. «Сот менен «Кумтєрдї» коркутуу аркылуу биз Кыргызстанды жарга такап жаткан жокпузбу?» маанидеги ойлор дагы айтылды. Чындыгында эле бюджетибиздин

бир капшытын толтуруп турган ишкана токтоп калса, ансыз да араў турган экономикабыздын «жаны» чыгып кетпес бекен? Бул туурасында 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев быйылкы жылы Кыргызстандын экономикасынын абалы 1,5 пайызка тємєндєгєнїн билдирген. Анын айтымында, ички дїў продукциянын кєлємї 98,5 пайызды тїздї. Экономикабыздагы мындай тємєндєєнїн негизги себеби катары биринчи-вице-премьерминистр «Кумтєр» компаниясынын айланасындагы ызы-чуулар болгондугун жашырган жок. «Кен байлыктарды, анын ичинде алтын єндїрїїнїн кєлємї быйыл тємєнкї деўгээлде болуп, 4,5 гана пайызды тїздї. Бул сан мындан жогору болуш керек болчу» дейт Оторбаев мырза. Ырас, бул экономикалык тємєндєєнїн башталышы гана. Эгер иш мындан да татаалдашып, Шыкмаматов айткандай бардык маселе сот аркылуу чечиле турган болсо, ишкананын иши таптакыр токтоп, мугалимдер, дарыгерлер айлыгын ала албай, пенсионерлер пенсиясына зар болору аштан бышык. Ошондо азыркы мамкомиссиянын мїчєлєрї кандай жооп айтар экен? Єздєрї го жогорку кызматтарда жїрїп, май талкан жашоону тїптєп алышкан. Баягы эле карапайым элге кыйын болгону турат. Бул бир жагы. Экинчи жагынан, эгер эл аралык арбитраждык сот чечимин биздин єлкєнїн пайдасына чечип берсе жакшы. Эгер соттун чечими инвесторлордун пайдасына чечилип кетчї болсо эмне болот? Анда Кыргызстан компанияга ком��енсация тєлєп, єлкєбїздїн эколо-

гиялык абалын бїгїнкї абалынан дагы тємєн тїшїрїп жиберет. Анткени рекультивациялык фонддо экологиябыздын тазалыгы їчїн иш-чараларды жїргїзїїгє жетишээрлик каражатыбыз жок. Кыргызча жалпак тил менен айтканда, казынабызда калган азыноолак «улпакты» дагы кагып алабыз деген тїшїнїк. Мамлекеттик комиссия єзїнїн отчетун 400 бет кылып топтоп, 500 даана менен китеп кылып чыгара турган болду. Ал китептер эл єкїлдєрїнє жана комиссиянын мїчєлєрїнє таркатылат. Оор салмактагы бир китеп болгон отчетто «Кумтєр» компаниясына бир топ милдеттерди жїктєгєнгє аракет кылышкан. Маселен, салыктын режимин єзгєртїп, лизенциялык келишимине єтїї, Балыкчы-Каракол трассасынан «Сары-Мойнок» экопостуна чейинки жолду асфальттоо, айлана-чєйрєнї коргоо багытына тєлєнчї 310 миў доллардын кєлємїн кєбєйтїї єўдїї. Булардын бардыгын биз атырылып айтып жатканыбызды бир эле канадалык инвесторлор эмес, башка мамлекеттен келген инвесторлор да баам салып карап турганын унутта калтыргандайбыз. «Бир бийлик тїзїп кеткен келишимди экинчи бийлик келип єзгєртє берсе, Кыргызстанда иштеп деле кереги жок турбайбы» деп бардык инвесторлор бир учурда колун тескери шилтеп єлкєдєн чыгып кетчї болсо, кєргєн кїнїбїз эмне болор экен? Ансыз да жумушсуз жаштардын кєбї чет мамлекеттерде тентип жїргєндє, биз їчїн катуу сокку болот го. Же инвесторлордун бардыгын кубалап жиберип, єзїбїз дїўїбїз менен эле Россияга, Казакстанга,

АКШга, Италияга сапар алып, кєчїп кетелиби? «Кумтєрдї» азыркы инвесторлордон кайра алып алалы, улутташтыралы, анан эмне кылабыз? Баса, дал ушул улутташтыруу маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаев: «Эгер биз алтын кенин улутташтырсак, анда «жексурлардын єлкєсї» болуп калабыз» деген оюн 24-декабрдагы маалымат жыйынында ачык айткан. Ошондой эле инвесторлорду гана кїнєєлєй бергенибиз туура болбой калаарын, анткени, мындай келишимди алар менен биздин ошол кездеги бийлик тєбєлдєрї тїзгєнїн кече жакындагы маалымат жыйынында билдирген эле. «Эгерде биз акцияларды тартып алсак, анїчїн тєлєєгє туура келет. Биз «Ак кемени» тартып алдык эле, эми ал їчїн тєлєп атабыз» деп кошумчалаганы бар. Андыктан, кандай иш болсо дагы “жети єлчєп, бир кескенибиз” туура болчудай. Болбосо, жебеген ашка акча тєлєгєндєй болуп калаарыбыз бышык болуп турат. Самара Саламатова

Карыпбек АЛЫМКУЛОВ, тоо кен єндїрїшї боюнча адис:

«КАМБАР-АТА-1» ГЭСИНИН КУРУЛУШУ ЭЎ БИРИНЧИ ЄЗБЕКСТАНГА КЕРЕК» — Акыркы 20 жылдан бери энергетика тармагы єтє аянычтуу абалга кептелди. Анын натыйжасында кыш мезгилинде электр жарыгынын берилиши їзгїлтїккє учурап калууда. Мындай кєйгєйлєр энергетика тармагы боюнча Кыргызстан коўшу мамлекеттерге кєзкаранды болуп жаткандыгынан экендигин президент Алмазбек Атамбаев жаўы жыл алдында журналисттер менен болгон маалымат жыйынында белгилеп єттї. Кєз карандылыктан кутулуу їчїн учурда кызуу аракеттер болуп жаткандыгын билдирди. Адис катары єлкєбїздєгї энергетика тармагындагы аракеттерди кандай баалайсыз? - Жакшылап баам сала турган болсок, 20 жылдан бери биздин энергетика тармагыбызга жаўы кубаттуулуктар кирген жок. Тээ мурун Токтогул каскадына эки агрегат, ТЭЦке 90 кваттык бир агрегат киргизилген. Андан бєлєк кєзгє кєрїнєрлїк кубаттуулук киргизилбеди. Андан улам радио-теледен: «Энергетика тармагына 390 миллион доллар келип тїшкєн экен, алар кайда кетти?» деген суроолорду угуп калып атам. Бул акчанын канчасы сол чєнтєккє

солонуп кеткендигин биле албайм. Бирок, энергетикадагы жабдууларды, аппаратураларды, линияларды оўдоп-тїзєп туруу їчїн бул сумма дагы аздык кылат. Акыркы бир жылдан бери энергетика тармагында жакшы эле аракеттер болууда. Тїндїк-тїштїктї бириктирген «Датка-Кемин» подстанциясы, «Кемин» подстанциясын куруп тїндїктї Казакстан менен Єзбекстандан кєз карандысыз кылуу аракеттери жасалууда. «КамбарАта-1» качан курулары азырынча белгисиз. Жогорку Нарынды 2013-жылдан баштап куруп баштасак деле тєрт жыл убакыт кетет. «Камбар-Атага» акча бєлїнїп курулуп баштаса, 8—10 жылдын тегерегиндеги убакытта бїтєт. «Датка-Кемин» эки жарым жылда бїтєт. Тактап айтканда,

бери жагы дагы їч жылга чейин Казакстан менен Єзбекстандан кєз карандысыз боло албайбыз. «Камбар-Ата-2нин» бир агрегаты иштеп атат. Экинчи агрегатын мамлекет єз кїчї менен ишке киргизиши керек болууда. Ал эми аны єз кїчїбїз менен ишке киргизїї абдан кыйын. Эгер эки агрегаты бирдей ишке киргенде 240 МегаВатт энергия алынмак. Учурда элдин баары ыўгайына карап бардык керектєєсїн электр энергиясына которуп алган. Анын натыйжасында керектєє єтє кєп. Ал эми белгиленген кубаттуулугу ошол бойдон. Ошондуктан «Камбар-Ата-2» ГЭСин курууну ылдамдатсак жакшы болмок. Анын плотинасы дагы, фундаменти дагы даяр. - Кыргызстанда ири ГЭСтер курулат дегенден бери Єзбекстан ага каршы чыгып жаткандай болуп келет. Бирок, президент Алмазбек Атамбаев ГЭСтердин курулушу биринчи кезекте Єзбекстан менен Казакстанга керек экендигин билдирди. Анїчїн аларга туура тїшїндїрїї керек деген оюн айтты. Чынында эле ошондойбу? - «Камбар-Ата-1» ГЭСи курулуп ишке кирсе, биринчи кезекте бизге эмес, Єзбекстан менен Казакстанга кєбїрєєк керек

болот. «Камбар-Ата-1ге» 5 миллиард куб суу чогулат. Андан ашканы Токтогул суу сактагычына барат. Коўшулаш мамлекеттер «Эгер «Камбар-Ата-1» ГЭСи жарылып кетсе Фергана єрєєнїн суу каптап калат» дегендей ойлорун билдиришїїдє. Андай болбойт. Эгер жарылып кетсе дагы андагы суну Токтогул суу сактагычы єзїнє батырып алат. Мындай коркунучка алар єздєрїндєгї суу сактагычтар жарылып кетип, айрым аймактарын суу каптап кеткенинен улам чочулоо менен билдирип жатышса керек. Бул ГЭСтин курулушу менен аталган эки єлкєгє абдан жакшы режим тїзїлєт. Мээрим Бактыбек кызы 28-декабрь, 2012-жыл


6

КЕР-ЭЭЗ

Элмира ЖУМАЛИЕВА, ЖКнын депутаты:

“АЙТМАТОВДУН ДЇЙШЄН АГАЙЫ САЙ-САЙДАН ЧОГУЛТУП БИЛИМ БЕРСЕ, АЗЫРКЫ МИНИСТРЛИК БИЛИМ АЛУУГА БУТ ТОСТУ” - Элмира айым, билим берїї жаатында реформа кылабыз дегенден бери кандай иштер аткарылып атат? - Бизде реформа жасаганды таптакыр їйрєнє албай койдук. Реформа жасоодо ал тармак боюнча жалпы коомчулуктун пикирин угуу менен, бул багыттагы адистердин негизине таянып, реформа жасоону їйрєнїш керек. Мисалы, Билим берїїдєгї жасалган реформа сандан сапатка єтїїнї кєздєгєн. Тилеке каршы бул реформа коомдо тескери пикир жаратууда. Быйыл эле менин колума кєптєгєн даттануулар келип тїштї. Быйылкы жалпы республикалык тестирлєєнїн негизинде Жогорку окуу жайларга кабыл алууну єтє начар уюштургандарына жалпы баарыбыз кїбє болдук. Бул багытта биздин улуттук менталитет эске алынган эмес. Шурудай тизилген бешке окуган балдар аттестаттарын кєтєрїп, тесттен тємєн бал алып калып, эч бир окуу жайына

алынбай калган фактылар кєп. Компьютердик тестин жыйынтыгы боюнча коомчулукта ой пайда болду. Тестке даярданып, 10 жыл бою кыйналып окубай эле, каалаган окуу жайына кирсе болот турбайбы деген пикирлер пайда болду. Контрактык окууларды кыскартуунун канчалык зарылчылыгы бар эле. Биздин пикирде тескерисинче, ошол 4 жыл 5 жыл аралыгында кандайдыр бир денгээлде билим алуу менен жакшы жаманды иргеп калат эле. Ал келишимдик негизде окугандарды жоюу, Жогорку окуу жайдагы орундарды кыскартуу менен министрлик кєчєдєгї бекерпоз, сойкулардын санын кєбєйтїїдє деген коомдук пикир бар. Ага акыркы мезгилдеги маа28-декабрь, 2012-жыл

Тынчтык Алтымышев, «Алиби» гезитинин мурдагы редактору:

КГБўа КИРЕ АЛБАЙМ, КЫЛТЫЎДАШЫП ЖЇРЄ АЛБАЙМ

лымат каражаттарындагы ой пикирлер кїбє. Геноцит бир муунга жасалган кыянатчылык, коррупцияга бирден бир жол - деп баарыбыз эле окудук. Мына УКМКнын АкиПресске 31 октябрдагы берген информациясында Нарын университетинде чет єлкєлїк Турциянын 4 студентке мыйзамсыз тїрдє кїндїзгї окуу бєлїмїндє окуган деген диплом берилгени жазылып чыкты. - Мына ушунун баарына кимдер жол берип келет? - Жаш муундардын келечеги эмне болот? Минтип отурсак жалаў билими тайкы адистерди даярдайбыз. Башка жерлерде мигрант болуп жїрїп, акча таап келип тыштан окуйм деген жаштарыбызга да бут тосулду. Айтматовдун Дїйшєн агайы сай-сайдан чогултуп билим берсе, азыркы министрлик билим алууга бут тосту. Бул нерсе бул бойдон калбай, адистер тарабынан талкууланып, кайрадан иштелип чыгыш керек.

- Илим жана билим министрлиги сандан сапатка єтїї менен бири-бирин кайталаган ВУЗдардын санын кыскартууну максат кылган эле го? - Бул багытта башталган иштердин натыйжасыз, чала жана улуттун кызыкчылыгын кєздєбєгєн иш чара экендигин кєрсєттї. Анын негизинде Жогорку окуу жайларга кабыл алууну чек койгондугу єзї ЖОЖдорго кабыл алууну їзгїлтїкє учуратты десек болот. Сырттан окууну жою менен анын оордуна аралыктан билим алуу мїмкїнчїлїктєрї берилбегендиги жєнїндї толук маалымат берилген эмес. Натыйжада миўдеген окуучуларыбыз бул мїмкїнчїлїктєн ажырады. А. Бостон

Жакындан бери кыргыз журналистикасындагы жїрїштєр коомчулуктун бїйїрїн кызытып турат. Тагыраагы, президентибиз Алмазбек Атамбаевдин «кыргыз гезиттери ушак жазганга маш болуп калды» деген сєзїн жїрєгїнє катуу алып калган кесиптештерибиз КГБ деген кызыктуу да, коркунучтуу да їч тамгадан турган, Кыргы�� Гезиттер Биримдигин тїзїшїп, «ушакчы дегендердин єздєрї ушакчы» деген каяша менен катуу чыгышты. Албетте, кыргыз журналистикасынын ачуу-таттуусуна аралашып жїргєн адам катары мен деле журналисттерди бир беткей «ушакчы» деген айыптоого каршымын. Анткени, биз бийликтин дагы, оппозициянын дагы «оромпой оюндарын» ачык жазып, далай «жампа челек» окуяларды ачыкка чыгарып, коомчулукка биринчилерден болуп кабардар кылып келебиз. Чындык їчїн, ачыкайкындуулук їчїн деген ураан астында. биздин деле тилегебиз - Кыргызстандын єнїп-єсїїсї. Кєрбєгєнї калбаган, шору шорподой кайнаган кыргыздын жакшы жашоосу. Бирок, ушуну тїшїнбєгєндєр бїгїнкї эле эмес, кечээки, мурдагы кїнкї деле бийликтегилер экени турмуш чындыгы болуп калды. Антсе да мен бїгїн ошол «ушакчы эмеспиз» деп удургуп, бийликтин абийрин айрандай тєгїїгє шымалана киришкен кесиптештеримдин катарына єзїмдї кошо албай турам. Так ушул кєзкарашымдан улам жамандыр-жакшыдыр тер тєгїп иштеп, бир боор болуп калган «Алиби» гезитинен кетип отурам. Мунун айрым себептерин ачык айта кетсем... Биринчиден, мен бїгїнкї ынтымактуу, биримдиктїї КГБнын

башчыларынын кечээкисин карап отуруп, кызыктай абалда калдым. Анткени, кечээ Бакиевдин бийлиги «Алиби» гезитин албарстыдай жек кєрїп, кысып, соттоп, жетекчиси Бабырбек жездем Жээнбековдун башына муштум тїйрїп турганда, Бекен Назаралиев менен Нургазы Анаркулов деген «азаматтар» кайда эле? Алар так ошол Бакиевдердин жылуу колтугунда отуруп алып, «ырас кыласыз, оозуна алы жетпегендерди жайлаш керек» деп шыкактап отурушканын жалпы эл тєгїнгє чыгарбас. Анан бїгїн бир тилек менен шилекей алышып отурушканын кантип тїшїнсє болот? Ал тургай Б.Жээнбеков Бакиевдер куулганда кубанычы терисине батпай сїйїнїп, бийликтин бир єўїрїн кармап жатканда, Бекен Назаралиев кїйїнїп, Минскиге элди аткан ажо Бакиевдин артынан барып, «мен кайра келем» деген маегин гезитине басып жїрбєдї беле?! Анан кантип аз убакыттын ичинде бул эки жээктегилер эгиздин сыўарындай ынак болуп кетишет? Ушул суроонун ичинде кєп табышмактуу нерселер жаткандыгына байланыштуу мен бул бирикмеге кирїїдєн баш тарттым. Экинчиден, азыркы заманда ар ким, мейли ал акынбы, же акимби - журналистердин суроолоруна єз пикирлерин айтууга акылуу. Ушул себептен алганда «Фокус» сайтынан берилген «Бїгїн журналисттердин биригип, бийликке каршы чыгышына олуттуу себеп барбы» сыягындагы суроосуна ачык-айкын, тїз жана таамай оюн айткан, жалпы кыргыз кадырлаган инсан, Эл акыны, салмагы сайдын ташындай болгон Шайлообек

Дїйшеевге болгон КГБнын «кара пиары» мени биротоло курчутуп тынды. Анткени, Шайлообек Дїйшеевди мен пайгамбарымдай эле кєрєм, анткени ал жеке менин эле эмес, жалпы журттун агасы. Бир карасаў, Шакемдин ата салтын, эл наркын сыйлабаган, дымагы кїч болгону менен адамгерчилиги пас «кїйєє балдары» Бекен Назаралиев менен Бабырбек Жээнбековдун акындын неберелеринен анча-мынча улуу Нургазы Айдаров, Керим Мурас, Аслан Сартпаев дегендердин ага карата айткандары кїлкїўдї келтирсе, бир чети кыжырыўды кайнатат экен. Анткени жогоркулар ким да, Шаке ким? Салмактарын тараза ташы менен да ченєєгє мїмкїнбї? Булар ачык айтканда, Шакенин чычкан богуна куурай сая алабы? Баягы пилге айбат кєрсєткєн келемиштей эле кеп да. Кыжырымдын келгени болсо, булар Шакемин сынына териксе, єздєрїнїн мыктылыгын далилдеп, кыргызга кылган кызматтарын санап, аны коомчулук менен тастыктатып, «мына, бизди да эл кадырлайт» десе го, башка кеп эле. Анын ордуна «Шайлообек Дїйшеев Акаевди мактап жїрїп там алган, Бакиевди мактап жїрїп сыйлык алган» деген эч бир чындыкка жакындабай турган сандырак кептер менен каяша кылганы, Шакени сыйлаган ар кыргыздын куйкасын куруштуруп турат. Їчїнчїдєн, оппозицияга оомок тургай, чалкасынан жатып алган КГБнын Кыргызстандын кыйынчылыктан чыгара турган планпрограммасы, алдыга салып жол баштатчу лидери ким? Аны ачык айтыша элек. Бирок, жеке мендеги маалыматтар боюнча, булар депутат Ахмат Келдибековдун чийген планы боюнча иш кылып, Ташиев, Тїлеев, Жапаров сыяктуу акчасы эркин, кара башы камакта жаткандардын каржылоосу менен кїпїлдєп жатышкандай. Мунун бир далили 7-ноябрь Басма сєз кїнїнє карата Ахматбек Келдибековдун сый тамагындагы чогулушу, андагы Ахмат Келдибековду «келечектин ажосу катары кєкєлєткєн» калоо-тилектер экенин, ошондо «Силер Келдибековдун юбилейине келген жоксуўар. Кесиптештер кичине арыдан берээк болгулачы, бїгїн биздин майрам» деп кара кылды как жара бєлгєн Кубаныч Зайнидинов деле танбас. Ошентип, мен «КГБўа кире албайм, кылтыўдашып жїрє албайм» деп, КГБнын башкы штабына айланган «Алиби» гезитин таштап, эркин журналист катары єз арбайымды согууга бет алдым. Атамбаев айтмакчы, кыл калем ээлери калыстыкты карманып, бир жактуулукка жол бербей, сайсий жана жеке кызыкчылыктары менен элди-журтту экиге бєлгєндї туура кєрбєдїм. Сєзїм оозумда, калемим колумда. Караман калк їчїн, чындык їчїн айтаар сєз али алдыда эмеспи... Булак: Баракелде


7

МАЕК

ЖЕР ЇЛЇШЇН КАНТИП САКТАП КАЛСА БОЛОТ? Акжолтой Базаров, «Ларк-Кочкор» коомдук фондунун директору:

- Акжолтой мырза, сиз жетектеп жаткан коомдук фонд кєбїнчє жер мыйзамдары тармагында эмгектенип келе жатасыздар. Акыркы убакытта, єлкєдє жер мамилелерин жєнгє салчу мыйзамдарда кандай єзгєрїїлєр болуп жатат? -Президент А. Атамбаев Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тєгїмдєрїнїн тарифтери жєнїндє» мыйзамынын 7-беренесинин 3-пунктунда киргизилген єзгєртїїлєргє ушу жылдын 8-августунда кол койду. Ага ылайык, айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондусундагы жерлерден жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилгенде камсыздандыруу тєгїмї єтїп жаткан жылдагы жер салыгынын базалык ченинин єлчємїндє белгиленет жана жерди ижарага алуучу тарабынан тєгїлєт. Ижарага алуучу тараптан тєгїлгєн камсыздандыруу тєгїмдєрї анын єзїнїн камсыздандыруу эсебине тїшєт. Єзгєрїї киргизилгенге чейин, мурун мамлекеттик фондусундагы жерлерден ижарага берилгенде камсыздандыруу тєгїмїн ижарага берїїчї тарабынан тєлєнїїгє тийиш болчу. Азыр эми бул киргизилген єзгєртїїлєрдїн артыкчылыктары бар. Эл дагы жана єзгєчє айыл єкмєттє иштеген муниципалдык кызматкерлер жакшы билет. Мамлекеттик фондусундагы жерлер ижарага берилген жана берилбей калган жерлер їчїн камсыздандыруу тєгїмдєрїн айыл єкмєт єзї тєгїп же болбосо олчойгон карыздарга батып жїргєн учурлар кєп болчу. Эми бул єзгєртїїлєр киргизилгенден кийин биринчиден мамлекеттик фондусундагы жерлерди ижарага алган жак камсыздандыруу тєгїмдєрїн тєлєйт жана экинчиден тєгїлгєн камсыздандыруу тєлємдєрї тєккєн жактын єзїнїн жеке камсыздандыруу эсебине тїшїп турат. Башкача айтканда, мамлекетке дагы пайда, ижарага алган жактарга дагы пайдалуу болду. - Дагы ушул сыяктуу єзгєртїїлєр дагы башка мыйзамдарга киргизилдиби? - «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине єзгєртїїлєрдї жана толуктоолорду киргизїї жєнїндє» мыйзамына да президент кол койду. Тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексинин 172-1-беренесине єзгєртїї жана толуктоолор киргизилди. Ага ылайык, тємєндєгїдєй єзгєрїїлєр кирди: (1) Менчигинин формасына карабастан єзї билип жер ээлеп алуу олуттуу материалдык зыян келтирсе, - эсептик кєрсєткїчтїн элїї єлчємїндє айып салууга же їч эселенген айыпка жазаланат. (2) Жер участогун єзї билип басып алуу, башкача айтканда, зомбулук кєрсєтїї же зомбулук кєрсєтєм деп коркутуу менен жер участогун мыйзамсыз ээлеп алуу-

га багытталган атайы аракеттер, - бир жылдан їч жылга чейинки мєєнєткє эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Жер тилкесин массалык басууга катышуу, - їч жылдан беш жылга чейинки мєєнєткє эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бєлїктєрїндє каралган жосундар: 1) ємїргє же саламаттыкка коркунучтуу зомбулук кєрсєтїї же єлтїрєм деп коркутуу менен; 2) курал-жарак же курал-жарак катары пайдаланылуучу башка нерселерди колдонуу менен жасалса, - беш жылдан жети жылга чейинки мєєнєткє эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (5) Жер участогун мыйзамсыз басып алууну уюштуруу же жетектєє, - жети жылдан он жылга чейинки мєєнєткє эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Башкача айтканда, менчигинин формасына карабастан єзї билип жер ээлеп алгандык їчїн кылмыш жоопкечилиги кїчєтїлгєн. Мунун баары, жеке менчике кол тийбестикти жана жер мамилелериндеги мыйзам бузууларга жол бербєє максатында кабыл алынды деп эсептеймин. - А к ы рк ы у ба к та же р їлїштєрїн башка тиешеси жок адамдар басып алып, жер їлїшїнєн тїшїм алууга тосколдуктарды туудуруп жатышат. Ошол тїшїм албай калган жер їлїшїнїн ээлери, албай калган тїшїмїн єндїрє алалабы? -Албетте, єндїрє алат. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 49-беренесинде жер участогунун кожоюну жана жер участогунун пайдалануучусунун укуктары каралган. Ал укуктарынын арасында жер тилкеси-

нин ээси жана жер участогунун пайдаланып жаткан жаран ошол жер участокторуна келтирилген зыяндын ордун КРнын мыйзамдарына ылайык єндїрїп алуу укугу бар. Ал эми, КРнын жарандык кодексинде «мыйзамда же мыйзамга ылайык келишиминде башкача каралбаса, укугу бузулган адам єзїнє келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кыла алат деп белгиленген. Демек, укугу бузулган адам келтирилген зыянын толугу менен талап кылып, єндїрїп алат. -Акыркы маалда айылчарба кооперативдер, жеке жактардын жер їлїштєрїн бириктирип иш жїргїзсє болот, деп жатышат. Эгерде, жер їлїштєр бириктирилип кооперативдин алдын биргеликте иш жїргїзїлсє, жер їлїшїнїн ээлери єздєрїнїн жер їлїштєрїнє карата жеке менчик укуктарын жоготуп алышпайбы? - Жок. Бул жерде, кооперативдер жер їлїштєрдї бириктирип иш жїргїзєт деген, жер їлїштєрїнїн менчик укугун алып коюу дегенди тїшїндїрбєйт. Бирок, жер їлїштєрїнїн жеке менчик ээлери єздєрїнїн жер їлїштєрїнє карата жеке менчик укугун алдырып жиберем деп корксо, анда кооператив менен жер їлїшїн ижаралоо келишимин кат тїрїндє тїзїп койсо болот. Ошондой эле ошол жер їлїшїн ижаралоо келишиминде бардык шарттарды, ижара акысын жана ижаралоонун мєєнєтїн кєрсєтїп койсо болот. Ошондо, жер їлїшїнє болгон жеке менчик укугун коргоп кала алат. Ал эми, экинчи жагынан кооперативден жер їлїштї пайдалангандык їчїн ижара акысын алганга дагы оўой болот. Аида Ишенгулова

Дайырбек ОРУНБЕКОВ, журналист:

«РОССИЯДА КЄЧЄ ШЫПЫРГАНДАР ОРУС ТИЛИНЕН ЭКЗАМЕН ТАПШЫРАТ» - Жогорку Кеўеш тарабынан даярдалып аткан мамлекеттик тил мыйзамынын кандай артыкчылык жана кемчилдиги бар, себеби бїгїнкї кїндє колдогондор да, каршы жїйє айткандар да кєбєйдї? - Эми мындай да, биздин бийлик жетекчилери саясий эрки жоктугунан коомдогу ар кайсы сырткы кїчтєрдїн чакырыктарына ишенип, ээрчимелигинен кыргыз тил мыйзамы арам ойлуу НПОлор жана ошол эле ЖКда отурган айрым «киргиз» эл єкїлдєрї тарабынан сынга алынып, бурмаланып жатат. Алардын айтымында ар бир эле орус тилдїїлєргє айып салынып, куугунтукка алынат имиш. Бул чындыкка коошпогон, бурмаланган атайын уюштурулган аракет. Себеби, кыргыз элинин улуттук мурастары, мамлекетибиз єнїкпєй ээрчиме болуп, сырткы кїчтєрдїн таасиринде жїрє беришине кызыктар кїчтєр арабызда жїрєт. Алар жогорку кызматтагы же айрым сатылма депутаттардын мойнуна минип алып, саясатын ээн-эркин жїргїзїїдє. Ошолордун кесепетинен єз тилибизге кам кєргєндєн чочулап, кыргызды кыргызга кайрап, кагыштырып алганга єтїштї. Карап кєрсєўєр, кыргыз тил мыйзамына каршы чыккандардын кєпчїлїгї кыргыз депутаттар. Башында Асия Сасыкбаева туруп, тымызын НПОлор аркылуу коомдук пикир жаратууда. Алар кимдин тапшырмасын аткарып жатканы кєрїнїп эле турбайбы. - Мыйзам долбоорунун маўызы менен таанышып чыккансыўбы? - Албетте таанышып чыккамын. Кечээ президент Алмазбек Атамбаев таанышып чыкпай туруп эле «мыйзам долбооруна кол койбойм»,- дегени кєпчїлїктї нааразы кылды. Ал киши таанышып чыккандан кийин жооп айтса туура болмок. Жеке пикиримде президент жанагы мен айткан НПОлор Асия Сасыкбаевага окшогон депутаттардын пикирин угуп, аларга ишенип алса керек. Ал жерде эч кандай орус тилдїїлєрдї басмырлоо, укугун чектєє деген жок. Жогорку, мамлекеттик кызмат жетекчилери мамлекеттик тилди билиши керек жана кєчєдєгї жарнактар алгач мамлекеттик тилде жазылышы зарыл деп турат. Зарыл болгон учурда жарнактар башка тилге да кошумча которулуп берилїїсїнє жол берилет. Мындан эмне биз кемип калабызбы? Єзїў карап кєрчї, Казакстан, Єзбекстан эч жери кемип калбай эле эне-тили менен єсїп-єнїгїп атат. Мыйзам долбоору эч кандай расмий тилге кєлєкє тїшїрбєйт. Тескерисинче мамлекеттик кызматкер болом дегендердин кыргыз тилин їйрєнїп алуусуна шарт тїзєт, мунун эмнеси жаман? Ал эми каршы чыгып аткандар атайын арам ой менен тескери саясат жїргїзгєндєр же мамлекеттик тилди їйрєнгїсї келбеген тил безерлер. - Дастан Бекешов «мыкты мамлекеттик кызматкерлер орус тилдїїлєр, эгер бул мыйзам кабыл алынса

иш билги кызматкерлерден айрылабыз»,- деди, буга кандай карайсыў? - Дастан Бекешов мырза абдан жаўылат, мыкты кызматкер, билимдїї адам мамлекеттик тилге келгенде аксабайт, акылы тунук адам тилди оўой эле єздєштїрїп алат. Бул депутат айта турган жїйєє эмес, анын башка максаттары болсо керек. Єзї кыргыз тилин билбегендиктен ушундай бїтїмгє келди деп ойлойм. - Дагы кайсы єлкєдє расмий жана мамлекеттик тил макамы бар? - Менин маалыматымда эгемендїїлїккє ээ болгон 2 гана єлкєдє расмий жана мамлекттеик тил макамы бар. Бири Кыргызстан. Бирок аталган мыйзам долбоорунда расмий тилдин макамын алуу каралган эмес. Дагы бир салыштырманы айтайын. Бизде жогорку кызматтагылар мамлекеттик тилди билсин десек кыйкырып чыгып атышпайбы, Россияда жогорку кызматты кой кєчє шыпыргыч болуп ишке кириш їчїн орус тилинен экзамен тапшырасыў. - Депутаттарды эл єзї шайлады, кайра кїнєє таккан туурабы? - Шайлагандан мурда биз 7-апрелдеги кандуу окуяны эске алышыбыз керек. Кыргыз элинде чоў жоготуу болду. Кыргыз эли кан жутуп, канчалаган журтташтарыбыз, кандаштарыбыздан айрылдык. Азыркы кыргыз тилине акарат айткан бийлик башындагылар, депутаттар ошол кїндєн баштап кызматка жетип, бийлик алышкан. Ошондогу кыргында кыргыздар гана тєшїн тосуп чыкпады беле. Ошол армандуу кеткендердин арты менен Алмазбек мырза президент болсо, куугунтук жеп жїргєн Асия Сасыкбаева депутат болгон. Анан элге «кыргыз элине кызмат кылабыз»,- деп ант беришкен. Аны унутуп кала элек болсо кыргыз тилине кам кєрїї да кызмат кылуу болуп эсептелет. Жакшы кеп бар, «эне-тилин билбеген, элин сїйїп жарытпайт»,- дейт. А эне-тилине каршы чыккандар элине каршы чыккан болуп эсептелет. Ал эми єз элине, эне-тилине каршы чыккан депутатты тандап, аны шайлап алган кыргыз эли шордуу экен. Акинай Айдарова 28-декабрь, 2012-жыл


8

ТАНДОО

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ

ДАНАКЕРИ

Карганбек Самаков

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖУРНАЛИСТИ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖАШТАР УЮМУНУН ТЄРАГАСЫ

2012-ЖЫ МЫКТЫ

Дайырбек Орунбеков Улан Эсенкожоев ЖЫЛДЫН МЫКТЫ

АКЫНЫ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЫРЧЫ АЙЫМЫ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ

в

Алтынбек Исмаило

Кенже Дїйшеева ЖЫЛДЫН МЫКТЫ БАЙЛАНЫШ КОМПАНИЯСЫ

Мегаком 28-декабрь, 2012-жыл

Курал Чокоев


9

О – 2012

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ

ЫЛДЫН ЫЛАРЫ

ИНСАНЫ

Тїгєлбай Казаков

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКЕНЧИЛ ДЕПУТАТЫ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ДЕПУТАТ АЙЫМЫ

Акылбек Эшимов Урмат Аманбаева

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ДАРЫГЕРИ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АКТЁРУ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ДУЕТ ЫРЧЫЛАРЫ

Калдарбек Абдраманов

Нурдєєлєт Копоев ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТЕЛЕРАДИОКОМПАНИЯСЫ

"Non-Stop" дуети

Манас Жаўырыгы 28-декабрь, 2012-жыл


10

ЖЫЛДЫЗ ТЄЛГЄ

ЖЫЛАН ЖЫЛ КАЙСЫ ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИСИ ЇЧЇН ИЙГИЛИКТЇЇ БОЛОТ? Жаўы жылга саналуу гана кїндєр калгандыктан, ар бирибиз эле Жаўы жылдан жакшы тилектерди їмїт кылып, кирип келген Жаўы жыл жеке жашообузга кандай жаўылыктарды тартуулай турганынан кабардар болгубуз келет. Жылан жылын бардык жактан ийгилик курчай турган жыл деп келишет.

ЖЫЛАН ЖЫЛЫНА ЖАЛПЫ МЇНЄЗДЄМЄ Жылан жылы бардык тармактын єкїлдєрї їчїн ийгиликтїї жыл болот. Жылан жылынын эў негизги миссиясы - сїйїї. Анткени, жылан тынчтыкты сїйгєн, кыйкырык- сїрєєндєн корккон жаныбар. Бул жылы кєп адамдар їйлєнїп, балалуу болуп, бизнес ачса да жемиштїї болот. Жылан жылы-кой, жылкы, ит, уй, ажыдаар жылында тєрєлгєндєргє єтє чоў бакыт жана ийгилик алып келчї жыл. Астрологдордун айтуусуна караганда, жылан жылы адилеттїїлїктїн жылы болот. Тактап айтканда, 2013-жылы чечилбеген маселелердин баары чечилип, орду-орду менен болот. Ар ким иштеген эмгегине жараша айлык, мактоолорго татыктуу болот.

КОЙ - 2013

кєўїл буруўуз. Акча. Букачарлар жылан жылында акча жагынан кєп кыйналбайт. Алдыга койгон максаты їчїн, бир тыйынын да бекер кетирбей чогултушат. Июнь айында лотореядан кєп суммадагы акча утушуўуз ыктымал. Чогулткан акчаўызга туугандарыўыз кошумчалап, кыймылсыз мїлк сатып аласыз.

ЭГИЗДЕР - 2013 Эгиздер балык жылында кандай иштерди калтырып, жылан жылында эмнелерди пландаган болсо, ал иштеринин аягына чыгышат. Астыга койгон максатыўызга жетїїгє кєп мїмкїнчїлїк болот. Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба дегендей, сизге айткан кеўештерди угуп, єзїўїздїн жан дїйнєўїз эмне десе, ошону кылсаўыз ишиўиз илгери жылат. Ден-соолук. Жылан жылында болгон ар кандай чыр-чатактар, пайда болгон маселелерге энергияўыз кєп кетип, алсыз болосуз. Сиздин жоопкерчилигиўиз кєп кїчтї талап кылат. Сентябрь айынан тарта иммундук системаўыз калыбына келет. Жыл аягында ашказаныўызга кєўїл буруп, ачуу тамактарды ичпей, жылуу кийиниўиз. Акча. Жылан жылдын алгачкы алты айында финансылык жактан кыйынчылыктар болбойт. Анткени, сиздин акылыўыз жана кылган ишиўиз, сиздин жеке экономикаўыздын кыйрашына жол бербейт. Бул жылы маянаўыз эки эсе кєбєйєт. Октябрь айынан баштап ар бир документке кылдаттык менен мамиле кылыўыз. Антпесе, чоў жоготууларга дуушар болосуз.

Жылан жылы кой жылдызынын астында тєрєлгєндєр їчїн ар тараптуу, жакшы жыл болот. Коомчулук менен кєп аралашып, айлана-чєйрєдєгї адамдарга пайдаўыз тиет. Бул жылы бойдоктор жалгыз кїндєрдї єткєрїшпєйт. Анткени, жакшы кєргєн адамдарыўыз сиздин жалгыз калууўузга жол бербейт. Ден-соолук. Жаўы жылдын кирип келиши менен энергия топтоп, ар кандай физикалык кїчтєргє туруштук бергенге кудуретиўиз жетет. Бирок адамдар менен ашыкча баарлашуудан этият болуўуз, сїйлєшїї аркылуу энергияўызды жоготуп, алсыз болуп калышыўыз мїмкїн. Акча. Бул жылы кой жылдызынын єкїлдєрї їчїн финансы жагы да бир топ ийгиликтерди алып келет. Киреше кєп болуп, чыгаша азыраак чыга��. Капчыгым калыў болсун десеўиз,кєп иштеп, аз укБЄЙЄН - 2013 ташыўыз керек. Июль же август Балык жылында бїтїрє албай айларында їй же болбосо темир калган иштердин баарын бєйєнтулпар сатып алып сїйїнєсїз. дєр жылан жылы бїтїрє алышат. Ички дїйнєўїз керектїї жолго БУКАЧАР - 2013 тїшїїгє жардам берет. Сиздин Букачарлар їчїн да, жаман багынткан ар бир ийгилигиўиз, жылдардан болбойт. Ишиўизди пайда болгон жаўы маселелерди да, жеке жашооўузду да, бирдей чечїїгє жардам берип, єзїўїздїн алып кетїїгє тырышсаўыз, баары жеке жашооўузду каалагандай сиз ойлогондой болот. Жаз мез- тїскє боёгонго жаўы мїмкїнчїгили менен ийгиликтин фортуна- лїктєр пайда болот. Кылган ишисы сизге оў кєзї менен карап, жа- ўизге анализ кылып, убакытты ўы бизнес ачып же болбосо жаўы коротпостон, алдыга карай умиштерди алып барасыз. Ал эми тулуўуз. Уран, Юпитер жана Венера плаДен-соолук. Кыймыл-аракенеталарынын аспекттери сиздин тиўиз, оптимисттик маанайыўыз чыгармачылыгыўызга гармония сиздин ооруўузга тоскоол болот. тартуулайт. Август, сентябрь ай- Январда же февралда санаторияларында сиздин перспектива- лардын бирине барып дарылаларыўызга тоскоол боло турган насыз. душман табылат. ТуугандарыўызАкча. 2013-жылы акчага кєбїдын кеўеши менен иш кылсаўыз, рєєк муктаж болосуз. Сиздин сїандай тоскоолдуктан жеўил эле йїїўїз акча каражатын кєп талап єтїп кете аласыз. кылат. Чыгаша чыкмайын киреше Ден-соолук. Букачарлар бул болбойт дегендей, кеткен чыгымжылы эў мыкты физикалык фор- дарга кєз жумуп койсоўуз, жыл мада жїрїшєт. Анча- мынча сасык аягында чоў киреше кїтїп турат. тумоо менен гана сыркоолобосоўуз, оор оорулар сизге келбейт. АРСТАН – 2013 Жылдын башталышында бєйрєАрстандар їчїн жылан жыгїўїздї жакшы караўыз, суюклы катардагы жылдардан болот. тукту кєбїрєєк ичкенге аракетПайда болгон жаўы идеялар баштениўиз жана тамак-ашка жакшы таган долбооруўузга пайдасын 28-декабрь, 2012-жыл

тийгизет. Сиздин тырышчаактыгыўызды байкагандар, сиз менен биригип иш алып баргысы келет. Чечим кабыл аларда абдан кылдат карап чыгыўыз. Ишти мыкты алып барганыўыз, карьераўыздын єсїшїнє алып келет. Ден-соолук. Жылан жылында ден соолугуўуз єзїўїзгє гана керек экенин тїшїнїп, жакшы кєўїл бура баштайсыз. Бооруўузду карап, майлуу тамактарды аз жегенге аракет кылыўыз. Акча. Кирип келген жаўы жыл кирешени кєп алып келе турган жыл болуп, акчаўызды кайда сарптаарыўызды билбей калган да учурлар болот. Кєп корото бербей, чоў эмерек же болбосо їй сатып алыўыз. Кыздарга жигиттери кымбат баалуу шакектерди же сєйкєлєрдї белек кылат.

БИЙКЕЧ - 2013 Бийкечтер жаўы жылда материалдык маселелеринен кутулушат. Бизнес баштасаўыз жакшы натыйжа болуп, чыгашасынан кирешеси кєбїрєєк болот. Балык жылына караганда кєп жакшылыктар болот. Бойдоктор баш кошуп, ємїр бою бактылуу жашашат. Єзїўїз ойлоп жїргєн долбоорлорду же болбосо идеяларды оўой эле ишке ашырасыз. Сиздин кызматташтарыўыз керектїї учурда жардамын аябайт. Ден-соолук. Жылдын башталышында кичине сыркоолоп барып оўолосуз. Алкоголдук ичимдиктерди ичїїдє єтє этият болуўуз. Акча. Финансылык абалыўызды курчутуп, жогорулаткыўыз келсе, туура ойлонгонду їйрєнїўїз. Ийгилик дєўгєлєгї бардык кїчї менен айланып, финансы жактан бул жылы кыйналбайсыз. Сизге карыз болуп жїргєндєр да карызын берип, пайдалуу келишимдер тїшєт. Жаўы єнєктєр да сиздин ишиўиздин илгери жылышына шарт тїзєт.

болгон баарлашуу жаўы идеяларды берип, келечекте їй-бїлєўїзгє пайда алып келе турган долбоорлорду иштеп чыгасыз. Сїйїї жаатында бир топ кыйынчылыктар болуп, досторуўуздун кийлигишїїсї аркылуу ал маселени чече аласыз. Ден-соолук. Жылдын башталышы менен ден соолугуўуз начарлай баштаганын туясыз. Кїнїмдїк кылган ишиўиз организмиўизге тескери таасирин тийгизет. Мээўизге кїч келтире туран иштерден, ойлордон качыўыз. Жакшы тїш нерв системаўыздын калыбына келишине жардам берет. Акча. Финансы жакка келе турган болсок, чаяндар акчасын туура пайдалангандыктан, финансы маселеси болбойт. Жыл ортосунда темир тулпарыўызды алмаштырасыз. Бардык документтерди тыкандык менен карап чыкпасаўыз, алдамчыларын тузагына илинип калышыўыз толук ыктымал.

ЖААЧЫ - 2013

Таразалар їчїн эў мыкты жыл. Єзїўїздїн жеке ишиўизди алып бара баштайсыз. Кыялданып жїргєн жарымыўызга жолугуп, аны менен баш кошосуз. Жаўы тааныштар менен иш алып баргыча, мурун таанып билген адамдар менен иш баштасаўыз, кыйынчылыктан оўой кутуласыз. Карыздарыўыздан балык жылы кутулуп салганыўыз жакшы. Жылан жылына карызы жок кирсеўиз, чыгаша аз чыгып, кирген киреше жакшылыктарга гана жумшалат. Ден-соолук. Бул жылы оорусыркоо таразалардан алыс болот. Эў негизгиси, кєп жинденбей, сабырдуу болсоўуз, башыўыз да оорубайт. Акча. Финансылык жактан булактарды издейсиз. Июнь айында иш алып бара билгендигиўиз тїшїмїн бере баштайт. Жыл ортосунда темир тулпардын ээси болосуз.

Жаачылар алдынан чыккан тоскоолдуктарды жеўип, жашоо деўгээли єйдєлєйт. Иште кєп ийгиликтерди багынтасыз. Июнь айында жумуш ордун да алмаштырууга жетишесиз. Июль айынан баштап, баштаган ишиўиздин убайын кєрїп, капчыгыўыз калыўдап, зоболоўуз кєтєрїлєт. Бойдоктор сїйїї жаатында бир топ жакшы адамдарга жолугуп, эсте каларлык жолугушууларды єткєрїшєт. Ден-соолук. Убакыт єткєн сайын стресс менен кїрєшїїгє туура келет. Жаўы жылдын алгачкы їч айында акыл энергиясы жогорулап, чыгармачылык потенциялыўыз жакшы идеяларды берет. Жїрєгїўїздї абайлаўыз. Акча. Балык жылына салыштырмалуу, жылан жылы акча биринчи маселе болбой калат. Акча тапчу булактар кєп болот. Келген мїмкїнчїлїктї колдон чыгарбай туура пайдалансаўыз, кїз мезгили менен темир тулпарлуу болосуз.

ЧАЯН – 2013

ТЕКЕЧЕР - 2013

Бисмилла дегенде эле чаяндар жылан жылын эў маанилїї ишчаралардан башташат. Жылдын башында жумуш ордуўузду алмаштырып, жаўы ишке орношосуз. Кылган ишиўиз жетекчилигиўизге жагып, кызматтан кєтєрїлєсїз. Кесиптештериўиз менен

Бул жылы бош убактыўыз кєп болуп, кєп нерсени тїшїнє аласыз. Кесиптештериўиз менен бирге жумушка кєп кїч коротосуз. Жылдын алгачкы айларында пландаган машина же болбосо кабат їй жыл аягында орундалат. Сизге сунуштаган келишимдер

ТАРАЗА - 2013

пайда алып келет. Сїйїї жаатында, сиздин жардамыўызга муктаж болгон адамга кезигип, аягы нике менен аяктайт. Ден-соолук. Быйыл оорудан бир топ алыс болосуз. Энергияўызды топтоп, спорт менен машыгыўыз. Акча. Сиз тандап алган багыт боюнча жакшы изденсеўиз, акча жаатында кыйынчылыктар болбойт. Туугандарыўыздын жардамы жана єзїўїздїн маянаўыз менен жаўы бизнес ачасыз.

СУУПЕРИ - 2013 Жылан жылы сууперилердин баштаган иши жеўил болуп, ар жактан ийгилик курчайт. Кєп нерсеге жетишесиз. Сєз билгичтигиўиз кєп жерден пайдасын тийгизет. Чыгармачылыгыўызды єркїндєтїп, билимиўизди анданары улантканга шарт тїзїлєт. Сїйїї жагына кєўїл бурууга муктаж болосуз. Бойдок болсоўуз, жылан жылында бойдокчулук менен коштошуп, мыкты жарга жолугасыз. Ден-соолук. Ден соолугуўуз солгундап барып оўолот. Жыл башында баш ооруўузду алдын алып, кєп ойлонбой, туура эс ала билгениўиз жакшы жардамын тийгизет. Акча. Акча жагынан кабатыр болбой эле коюўуз. Бизнесиўизди кеўейтесиз. Башка жактан да акчалар келип, акча биринчи орунга турбай калат. Жыл ортосунда єзїўїз эўсеп жїргєн машинанын ээси болосуз.

БАЛЫК - 2013 2013-жыл балыктар їчїн дагы жаман жылдардан болбойт. Алгачкы їч айда айлана-чєйрєдєгї адамдар кол сунушат. Соода-сатык иштери боюнча сїйлєшїїлєр жакшы натыйжа берет. Бизнестеги каршылаштарыўыздын бут тосууларына карабай, ишиўиз алдыга жылат. Ден-соолук. Балыктар бул жылы ден соолугун жакшы карашы керек. Сактансаў сактайм дегендей эле ден соолугуўузга кам кєрсєўїз, оору-сыркоодон бат эле кутуласыз. Акча. Бул жылы балыктар акчаны єтє экономдуу пайдаланышат. Їйїўїзгє эмерек сатып аласыз. Їй же машина сатып алууда кылдаттык менен чечим кабыл алыўыз. Самара Саламатова


11

КИНО ЖЫЛДЫЗЫ

«Апамдын махабаты» тасмасынан кийин абдан популярдуулукка ээ болуп, кайра чыгармачылыктан алыстаган, актриса Айжан Акылбекова ичиндеги сырын жана учурда жасап жаткан иштери менен бєлїштї. - Айжан эже, маегибизди алгач сиздин чыгармачылыкка кайтып келишиўизден баштасак. Чыгармачылыкка кайтып келїїўїзгє эмне себеп болду? - Менин жашоомдо, аў сезимимде єтє чоў бурулуш болду. Беш-алты жыл мурдагы Айжан менен азыркы абалым асман менен жердин ортосундай алыс, башка... Єзїмдїн коомума кошчу салымым, замандаштарыма айтчу оюм бар экенин сезгенде, чыгармачылыкка кайтып келїїгє бел байладым. Адам баласы ар кандай нерсени каалап, кєп нерсеге умтулуп кол суна берет экенбиз. Бирок тагдыр деген нерсе бар экен. Ошондуктан кийинки турмушумду тагдыр кєргєзєр. «Башыўа мїшкїл иш тїшсє, мен силерге Хан ата, той тамаша иш келсе, мен силерге жаман ата», - деп, Курманбек эпосунда Тейитбек хан айтмакчы...Башыўа тїшкєн ар кандай сыноолор тегеренген тели теўтуштарыўды иргеп коет экен. Бул нерсени єз керт башымдан єткєрдїм. Баа берип чексиз ыраазы да болдум жана дагы тилекке каршы кимдин ким экенин да кєрдїм. Кыйын кезде жанымда Мухтардын жана менин жакын адамдарым аска зоодой жєлєк болушту. - Ассоль Молдокмато-

ва менен биргеликте иш алып баруу кимиўиздердин сунушуўуздар болду? - Ассоль ��ыргыз элинин таланттуу адамдарынын бири. Анан кєптєгєн жетишкендиктери урмат сыйга арзыйт! Мен Хиджаб коллекциясын чыгарсак кандай болот деп биринчи сунуш киргизгем. Анткени Ассоль мага чейин мындай коллекция жасаган эле. Ал дароо бул идеяны колдоду. Єзї автор, дизайнер катары бул ишти колго алды. Каражат маселесин теў кєтєрдїк. Кездемелер атайын Дубайдан алынды. Коллекцияны «Фатима» деп менин чарчап калган кызымдын атынан атайлы деп Ассоль сунуштады. Ошентип мусулман айымдарына арналган "Фатима"аттуу коллекция чыкты. Бул коллекция Нью-Йоркто єткєн модельер жана дизайнерлердин кєргєзмєсїнє катышып "Коллекция года" номинациясын алды. - Учурда мода тармагына басым жасап жатыптырсыз. Ошол баштап жаткан ишиўиз тууралуу айтып кетсеўиз? - Єзїмдїн коомумда жашаган айымдарга єзїбїздїн каада-салтыбызга, адатыбызга ылайык кийимдерди сунуштап жатам. Кыргыз аялы эзелтен акылман, даанышман, сырдуу ,болгон.

Мен болгону ошону унутпайлы, мен салынган жоолук, мага окшогон миўдеген кыз-келиндер салынган жоолук, бизге ата-бабабыздан бери келе жатканын гана айтып жатам. - Чыгармачыл адамдар бат-баттан стресске дуушар болуп турушат. Сиз стресстен кантип чыгасыз? - Єзїм чыгырмачыл адам болгонум менен жашоодогу максатымды так билем. Бул жашоо бизге берилген сыноо экенин даана тїшїнєм жана ар бирибизге єзїбїздїн алыбызга гана жараша сыноолор берилерин билем. Ошондуктан мени эч нерсе стресске тїшїрє албайт. - Аялзаты ушакка жакын болот эмеспи. Сиз ушакка кандайсыз? - Адам баласы жїрєгїн ар кандай ыплас нерседен алыс кармоо керек деп ойлойм. Ушак сїйлєгєн бир тууганыныўдын этин жеген менен барабар-деп айтылат Исламда. Ошондуктан, ар бир адам ушактан алыс болсо деп тилейт элем. А єзїм ушак сєзгє жакындыгым жок жана єзїм жєнїндє уккан ушактарга кєўїл бурбайм деле. А ушактаган адамдардын жїрєгїнє ыйман берсин деп коём. - Жаўы жылдык коллексияўыздар даяр болдубу? - Биз келерки кєргєзмєнї март айына пландаганбыз, кудай буйруса.

Р У Ч У Ї Ч Р Ї Ж П Ы Н А Д Ў А Ш Р Ы » З А «А Д Н Ы Г Ы Д Н Ы ЭМЕС Ч Айжан АКЫЛБЕКОВА:

- Балдарыўызга тарбия берїїдє кандай методдорду колдоносуз? - Балдарыма эў негизи чоў кишидей сїйлєшїп, алардын оюн сыйлайм. Балдарымда Кудайдан коркуу сезими болсун дейм. Анан дагы балаўдын кандай болушун кааласаў, сен єзїў ага їлгї болушуў керек. Балаў сени кєрїп, сени кайталайт.

тынчтыкты жактырам.

- 2012-жыл сиз їчїн кандай жылдардан болду? - Бул жыл Кудай буйругандай єттї. Баарына шїгїр! - Сиздер тиккен кєйнєктєрдї кайсы дїкєндєрдєн сатып алса болот? - Азырынча ар бир дизайнер єз алдынча сатууда.

- Тентек кылышканда кантип жазалайсыз? - Мен жазалагандай деле балдарым тартип бузбайт, Кудайга шїгїр. Кээ бир учурда, мени капаланткыўар келбесе андай кылбагыла деп айтам.

- Негизи єзїўїздїн тигїїчїлїк єнєрїўїз барбы? - Менин тикмечилик єнєрїм жок, бєдєнєнї сойсо дагы касапчы сойсун -дейт эмеспи кыргызда. Ошон їчїн мыкты тикмечилер менен иштешебиз.

- Чыныгы курбуўуз ким? - Сырымды адамга айтпайм. Анда-санда гана апам менен бєлїшїп ичимдеги бугумду чыгарып алам.

- Кєбїнчє улуттук колориттеги кєйнєктєргє басым жасап жатыпсыздар. Кооз хиджабдарды да тигесиздерби? - Кооз Хиджаб деп айта албайм, Хиджаб эў негизгиси шариатка, биздин географиалык шартыбызга, кыргыз элинин кайталангыз, уникалдуулугун кєргєзгєн, элибиздин жан дїйнєсїнє жакын болсун деп аракет кылып жатабыз.

- Бир караганда єтє тїнт айым кєрїнєсїз. Жашоодо кандайсыз? - Жашоомдо єтє шаўданып жїрчї учур эмес чындыгында. Мурда деле шаан-шєкєттї сїйбєгєн адам элем. Жалгыздыкты,

- Модадан сырткары эмне иш менен алек болуудасыз? - Мындан тышкары «Манас жаўырыгы» теле каналында эмгектенем. Ал жерде"Лидер"аттуу автордук кєргєзїїмдї алып барам. Улуттук Университете быйыл диссертациямды жактайм. Журналистика факультетин аяктап жатам. Дагы башка алектенген иштерим бар. Эў негизги жумушум їйдє їч уулдун энеси болуп кызмат єтєйм (кїлїп). - Жаўы жылды кандай тососуздар? - Мусулмандар їчїн Орозо Айт, Курман Айт, Ар бир жума майрам. Єзїўєр билгендей Жаўы жылды майрамдашпайт. - Кыргыз эллине Жаўы жылдык каалооўуз? - Мен Жаўы жылга эмес, Жалпы журтума бейкут жашоо тилейм! Жїрєгїбїз ыймандуулуккка, боорукерликке, мээримдїїлїккє, бири-бирибизге болгон сый урматка толуп турууну Жараткан насип кылсын! Маектешкен Тєлєбїбї Касымалиева 28-декабрь, 2012-жыл


12

2013-ЖЫЛ ЖЫЛАН ЖЫЛЫ ЖАЎЫ ЖЫЛДЫН ТАРЫХЫ

Ж

АЎЫ ЫЛДЫН АРАЛЫШЫ

Орустарга христиан дининин келиши менен эле, жазма адабият алардын ыйык Пасха кїнїнєн тарта башталган. Иоанн князы 1492-жылы жыл 1-сентябрдан башталсын деген буйрук берет. Ушул факт менен ар бир Жаўы жыл дасторкондо алмасыз єтпєй калган. Себеби ошол Жаўы жыл учурунда алма бышып калган учур болгон. Россия Европадагы мамлекеттер менен тыгыз байланыша баштагандан кийин орустардын жыл саноосу башкача болуп, Петр I бул маселени чечип, Жаўы жылды 1-январда белгилєєнї буйруган. Петр биринчинин буйругунда белгиленгендей ар бир їй єз мїмкїнчїлїгїнє жараша Жаўы жыл тїнї єтє чоў эмес мылтык менен асманга атсын деген. А єзї болсо, кызыл аянтта асманга азыркы салютка окшогон ракетаны учурган. Ошондон ушул кїнгє чейин салют аттырып, балатынын кооздоп, кооз балатыны тегеренип Жаўы жылды кубаттап, эски жылды таарынтпай узатып ыр ырдап, дасторкон жайып тосуп калдык. Айтмакчы, балатыны ар бир Жаўы жылда кооздошкон эмес. Падышанын буйругунда дарбазаны момпосуйдун кєйнєктєрї менен кооздоп, бактардын бутактарына мємєлєрдї илїї айтылган. 1917-жылдан кийин орус єкмєтї юлиан календарын эмес бардык єлкє колдонуп жїргєн григориян календарына кабыл алышкан. Ошентип 1929-жылы балаты да, Жаўы жыл да єткєрїлбєй калган. Кайра 1935-жылдан тарта 31-декабрдан 1-январга караган тїнї балатынын тегеректеп ыр ырдап, Жаўы жылды кадимкидей майрамдык маанай менен тосуу токтому кабыл алынган. Бирок 1949-жылдан тарта Жаўы жыл кїндї майрам кїнї деп жарыялап бардык ишканаларга, мекемелерге эс алуу кїн деп жарыяланган.

БАЛАТЫНЫ КАНТИП ТАНДОО КЕРЕК? Жаўы жылды утурлап «Айбат» гезити єзїнїн окурмандарына Жаўы жылдык балатыны кантип тандоо керектигин айтат. Мурда бак-

тарда жакшы, акыйкат тирїї жандыктар жашайт деп божомолдошуп, алардын маанайын кєтєрїї максатында бактарга момпосуйларды, мємє-жемиштерди илип коюшкан. Мындай салт кєп мамлекеттерде болгондуктан, кєбїнчєсї балатынын кооздошкон. Анткени балаты ыйык бак болуп, жашоону жана тїбєлїктїїлїктїн символу катары карашкан. Буга чейин тоодогу жаш балатыны кыйып келип, аны атайын чакага кум же топурак салып орнотуп кооздоп келишкен болсо, учурда жасалма балатыны колдонуп жїрїшєт. Эки балатынын оў жана терс жактарын баяндап бермекчибиз.

ТИРЇЇ БАЛАТЫНЫ ТАНДООДО Тирїї балатынын оў жагы албетте анын табигый жытында. Ошого карабастан, кээ бир учурларда тирїї балаты майрамдык маанайды тїшїрїп салышы мїмкїн. Чакага отургузгандан бир нече кїндєн кийин кыйып келген балаты кургай баштайт дагы, анын ийнелери сиздин сїйїктїї килемиўиздин їстїнє тїшє баштайт. Анан дагы таштандысы кєп болот. Мындай балатыны ар жылда сатып алууга тура келет.

ЖАСАЛМА БАЛАТЫНЫН ОЎ ЖАНА ТЕРС ЖАКТАРЫ Жасалма балатыны тандоодо абайлашыўыз керек, себеби ал балаты сизге бир канча жыл кызмат кылыш керек. Мындай балатынын басы ар кандай кєрсєткїчтєр менен бааланат. Европа мамлекеттеринде жасалган балатылар биздин кошуна Кытай мамлекетинен чыгарылган балатыга караганда баасы бир топ жогору болот. Анан дагы алардын басы жасалган материалына, кєлємїнє жараша да болот. Жасалма балатыны тандоодо алгач анын жасалган материалына андан кийин ийнелерине кєз чаптырыўыз. Эгер ийнелери бат эле тїшїп кала тургандай кєрїнсє андайды албай койгонуўуз дурус. эў аягында балатыны отургуза турган нерсенин темиринен алыўыз. Себеби, желим нерсе бат эле сынып калышы мїмкїн. Аида Ишенгулова

Китептен

Кубанычбек ИСАБЕКОВ, ЖКнын экс-вице спикери:

КУМТЄРДЄГЇ АЛТЫН МАФИЯ (Башы єткєн санда)

АЛГАЧКЫ МАНДЕМДЇЇ КЕЛИШИМ Ошентип.1992-жылы кыргыз єкмєтї менен канадалык “Камеко” компаниясы эки тараптуу келишимге кол коюушуп, алтын єндїрїїчї “Кумтєр голд компании” ишканасы пайда болгон. Жаўы ишканада Кыргызстандын їлушї 66,67 пайыз, канадалык компанияга 33.33 пайыз їлїш берилет. “Легендарлуу” парламенттин депутаттары Кыргызстан їчїн 66,67 пайыз аз їлїш экенин айтышып, андагы премер-министр Чынгышевди министрлер кабинети менен кошо кызматтан кетиришкен. Ошол учурда Т. Усубалиев баш болушкан депутаттар Кумтєр алтын кенинин Б. Бирнштейин тарабынан ташылып кеткен алтындындын тагдыры боюнча маселе кое баштаганда, президент Акаев кандайдыр бир себептерге таянып, ар кандай жолдор менен бирине кылмыш ишин козгоп, бирине кызмат берип, бирине сыйлык берип дегендей Жогорку Кеўешти мєєнєтїнєн мурда таратуу боюнча чечим кабыл алган. Эсиўерде болсо керек “Кызыл папка”, “Кызыл директорлор” деген термин ошондо пайда болгон. Жаўылбасам легендарлуу парламенттин депутаттары Їсєн Сыдыков, Жалгап Казакбаевге жана башка бир топ депутаттарга кылмыш иши козголгон. Негизи “Кызыл папка” жєндєн жєн ачылбаса керек. Бїгїнкї кїндє ошол китепти сары майдай сактап жїргєн легендарлуу парламенттин Турдуакун Усубалиев баш болгон депутаттар бар. Эмне їчїн ушу�� убакка чейин ошол папкадагы материалдарды коомчулукка чыгарбай жатышат? Кыргыз деген улуттук сезим болсо, мамлекетин тагдырына кїйєє билсе, азыр алып 28-декабрь, 2012-жыл

чыгышпайбы? Эгерде андагы Жогорку Кеўештин мїчєлєрїнїн эрки жетип, шектїї иштерди коомчулуука жарыяласа, легендарлуу парламенттин мєєнєтїнєн мурда тарашы, Кыргызстандан ташылып кеткен алтын жана эў башкысы Канадалык компаниянын кантип кыргыздын алтынына ээ болуп калгандыгынын бети ачылаар беле? Алгачкы кїндєрї Кумтєр боюнча долбоорго ьтикесинен тик туруп, єз аргументтери менен каршы болуп келишкен Дастан Сарыгуловго “Кыргыз алтын” концернине жетекчилик кызматты, Топчубек Тургуналиевге Гуманитардык университеттин ректорлук кызматын бергенден кийин алар єз аталаптарын унутушканы табышмак боюнча кала берди.Ал эми Т. Усубалиев аксакалга мамлекеттик резиденциядан їй, “Кыргыз элинин Баатыры наамын” бергенден кийин “жумшарып”, андагы бийликтин сєзїн сїйлєп калды. Баарынан кызыгы да ошол учурдагы Кыргызстандын башкы прокурору А. Шаршеналиев “мандемдїї келишим” боюнча Канаданын Торонто шаарына барып, “баары жайында” деген бїтїм чыгарып келген. Алтын маселеси мына ушу менен токтоп калбаптыр. Жогорку Кеўештин кийинки чакырылштагы депутаттары атайын комиссия тїзїшїп, дал ушул “Кумтєр” долбооруна кайрылышкан экен.Тилеккке каршы ал комисия єз ишинин єтєсїнє чыккан эмес. Ошондогу Жогорку Кеўештин депутаттары Султан Урманаев, Тургунбек Кулмурзаев, Камчыбек Кудайбергенов комиссиянын мїчєсї катары олутуу маселе кєтєрє баштаганда, айлакер Акаев алардын да жолун таап Султан Урманаевге Єзгєчє кырдаалдар министри, Тургунбеке Кулмурзаевге Кыргызнефтегаз ишканасынын жетекчилигин, Камчыбек Кудайбер-

геновго “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын президенттик кызматын бере коюуптур. Айтор, Акаев Канадалык компаниясынын кызыкчылыгын коргош їчїн Президенттик кызматынан кыянатчылык менен пайдаланып келген. Ошол жылдары “Кумтєр” долбоору боюнча келишимди кароо тууралуу маселе кєтєїлгєндє ишкананын президенти Лен Хоменюк Жогорку Кеўештин депутаттарын кєзгє илбей. Баягы Н. Хрушев ООНдо ботинкеси менен трибунаны койгулагандай билгениўерди кылып алгыла таризде ал дагы трибунаны койгулап, доомат кылганына кыргыз эли кїбє. Бул деген кєпкєндїк. Єзїн єзї билгендик. Албетте, бийлиги мажирєє єлкєдє мындайлар чардап жїрєєрїн биздин президенттер далилдеп бербедиби. Эми келишимдин жагдайына токтоло турган болсом, кумтєр кенин иштетїї боюнча

эки тараптуу макулдашуу Жогорку Кеўеш тарабынан ратификациядан єткєн эмес. Конституцияда “Эл аралык келишимдер Жогорку Кеўеш аркылуу бекитилет” деп жазылып турат. Эл аралык келишимдер боюнча мыйзамдын 11-беренесинде, мейли менчик, мейли чет мамлекеттиктер болсун, тоо кендери боюнча иш кылышса, ал келишимдер Жогорку Кеўеш тарабынан мыйзам катары ратификациядан єтсїн деген талап бар. Бирок, Аскар Акаев “легендарлуу” парламентти тараткандан кийин, єзїнїн жарлыгы менен эки тараптуу келишимди ратификация кылганы бизге маалым. Демек, бул ири долбоор “чу” дегенде эле мыйзам бузуулар менен башталган. Ошондуктан аны башынан эле криминалдуу, кєз боемочулук . шылуундук жол менен тїзїлгєн келишим ден айтууга толук мїмкїнчїлїк бар. (Уландысы бар)


13

ЖАЎЫ ЖЫЛГА КАРАЙ

Жылан жылына жалпы мїнєздємє • Жыландын кытайча аталышы – Ши

суулар ташкындап сууга жакын шаарларды бузат.

• Жылдыз белгисинде алтынчы • Элементи – от • Жакшы жактары - єз ишине так, акылдуу, токтоо, сабырдуу, жыйнактуу, планды мыкты тїзгєн адамдар.

ТАРЫХТА КАЛГАН ЖЫЛАН Р ЖЫЛЫ ТЄРЄЛГЄН АЙЫМДА • Маргарита Датская уникалдуу башкаруучу • Маргарита Датская (1353). Маргарита уулунан Данияны, єзї кїйєєсїнєн Норвегияны алып, нда шы жа Шфецияны кошкон. 36 н башкаруучу болгон. Эгер аны лык фия гра гео н уну уус кар баш аспектин алсак, абдан уникалдуу башкаруу болгон. • Кєп эркекти сїйгєн бирок, бирине да турмушка чыкпаган Елизавета I Тюдор • Елизавета I Тюдор (7.9.1533). 45 жашында башкаруучу болуп, англиялык чиркєєлєрдї чыўдаган. Анын географиялык башкаруусун карап кєрє турган болсок, эў эле уникалдуу башкаруу болгон. Британиянын алтын доору. Бардык жактан жеўїїлєр болгон. Андан сырткары деўиздерде бийлик дї кылган. Англиядагы чиркєєлєр ери ишт да соо з еўи ан.д даг чыў алдыга жїрїп, єлкєсїнїн экономикасынын єнїгїшїнє да нын зор салым кошкон. Елизавета ок Бир . гон бол кєп жигиттери ал жеке жашоосун ачыкка тєн, чыгарганды жаман кєргєндїк у уун кош баш дє официалдуу тїр с. эме ан каалаг

• Терс жактары – башкарганды сїйєт, аябай кызганчаак, жалкоо, кээ бирде абдан эле жоош боло калышат.

Жылан жылында тєрєлгєндєрдєн мыкты актёрлор, саясатчылар, коомдук ишмер жана кєзї ачыктар чыгат. Баарынан мурун жылан ар кандай чыр-чатактарды сїйє бербейт. Астрологдор билдиргендей, бул жылды чакан гана адамдар менен тоскон жакшы. Ал эми кийимден кара жана кара кєк тїстєгї кийимдерге басым жасаш керек. Айымдар болсо денесине чапталган жыландын сїрєтїнє окшошкон кийимдерди кийиши керек. Булл жылы андан сырткары баалуу таштар да мода болот. Себеби жылан бриллиант, алтынды абдан сїйєт эмеспи. Кєйнєктєр да таштар менен кооздолуп, шурулар менен шєкєттєлєт.

ЖЫЛАН ЖЫЛЫНДА ТЄРЄЛГЄН АДАМДАРДЫН КЫЯЛЫ ЧАТАК БОЛОТ Жылан жылы тєрєлгєн адамдардын кыялы чатагыраак болот. єзїмчїл болгону менен тєрєлгєндє эле акылдуу болушат. Алардын иши єздєрї пландагандай жїўрєт. Булл жылы тєрєлгєн адамдарда боорукерлик сапат да жакшы єнїккєн. ошондуктан, жашоосунан тайып, турмуштан жолу болбогондорго жардамга такай келип турушат. Кєпчїлїк учурда єздєрїнє гана ишенишет. Жылан жылындагылар чечкиндїї келип, кєздєгєн макскатына жетмейинче жаны калбай иштешет. Бирок, баштарына кичине мїшкїл тїшє калса, ички жан дїйнєсї менен кату ойлонуп, стресске бат тїшїшєт. Жылан жылындагылар жылдыздуу болгондуктан карама-каршы жыныстагылардын арасында популярдуу болушат. Алар уй жана тоок жылындагылар менен баш кошушса бактылуу ємїр сїрє алышат. Ал эми, жолборс жана доўуз жылындагылар менен жылдызы келишпейт. Жаўы жылдык дасторкондо сєзсїз тїрдє коендун этинен жасалган тамак болуусу зарыл. Жылан коенду жакшы кєрєт.

2013-жылы элдер айтып жаткандай аябай чоў кыйроо деле болбойт. Бирок, кээ бир єлкєлєрдє ич ара чатакташуу, араздашуулардан улам жарандык согуш болушу ыктымал. Жыл тынч болот. Жылан ачуулуу, уулуу жаныбар болгондуктан, жэыл да ачуулуу болуп кетиши ыктымал. Бирок, акылдуу, сабырдуу, иштерман адамдарга бул жыл абдан эле ийгиликтїї жылдардан болот. Дагы бир жагынан алып караганда илим менен алектенгендер їчїн кєп ийгиликтер менен коштолот.

2013-ЖЫЛГА КАРАТА КЄЗЇ АЧЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛА

РАК ООРУСУН АЙЫКТЫРЧУ ДАРЫ ТАБЫЛАТ

АЙТУУЛАРЫ

Ванга єз кезегинде 2013-жылы окумуштуулар рак оорусун айыктыруучу дары ойлоп табаарын айткан. Нострадамустун жазып калтырганында болсо 2013-жылы кєп мамлекеттер кризиске дуушар болуп, айрыкча америка долларынын курсу тїшєт.

ЖЕР ТИТИРЄЄЛЄР КЄП КАТТАЛАТ Ал эми кээ бир астрологдордун билиришинче жылан жылында кєп алмашуулар болот. Европа мамлекеттеринде кєп урагандар болуп, жер титирєєлєр катталат. Вулкандардын атылышы да кїтїлїїдє дейт астрологдор. Дарыяларда

ИНДИЯНЫ – ИНДИЯ КЫЛГАН ИНДИРА ГАНДИ

• Индира Ганди (19.11.1917). 1966-1977 жана 1980 – 1984-жылдары Индиянын Премьер-министр. Индира Индияны башкарып турган учурда єз єлкєсїнїн башка мамлекеттер мене болгон байланышып чыўдаганга чоў салым кошкон. Ал акылдуу аял гана болбостон, єз ишин мыкты аткара билген, кєрєгєч дагы болгон.

Самара Саламатова

ЖАЎЫ ЖЫЛ КЇНЇ БОЛГОН УРУНТТУУ ОКУЯЛАР Жаўы жыл кїнї ар кандай кызыктуу окуялар болот эмеспи. Бири їйїнє жетпей, машинеде Жаўы жыл тоссо, бири кєпи чип алып ал кїндї эстей албай калат. А биз болсо, так ушул Жаўы жыл кїнї болгон тарыхый окуяларды гезит бетине жазууну тура кєрдїк.

ТАРЫХЫЙ, МААНИЛЇЇ ОКУЯЛАР - 1-январь тарыхты орустардын католик доорунун башталышы; - Дїйнєлїк Тынчтык кїнї; - Кытай Республикасынын кїнї; - Австралиянын кєз карандысыздык кїнї; - Литванын желегин майрамдоо кїнї; - 1515-жылы Францик I Людовик XII єлгєндєн кийин єлкєгє падыша болуп дайындалган; - 1785-жылы 1-январда Лондондун кїн сайын чыккан гезити

The Daily Universal Register биринчи жолу жарыкка чыккан. - 1801-жылы 1-январда астроном Джузеппе Пиацции биринчи эў чоў астероид «Церераны» ачкан. Джузеппенин ири астероиди 2006-жылы дїйнєлїк окумуштуулардын чечими менен эў кичинекей астероид болуп калган. Цереранын диаметри – 930 км, кїндєн орточо аралыгы – 2,77 км, - Салмагы – жер планетасынан 6 миў эссе кичинекей. Астрономдордун айткандарына караганда Церера кєп суу запасын камтыйт. - 1907-жылы АКШнын ошол учурдагы президенти Теодор Руцзвельт 8513 адамдын колун кармаган. Бул мамлекеттик иш-

мерлер їчїн чоў рекорд. - 1967-жылы СССРдин биринчи жолку маалыматтык программасы «Время» кєгїлтїр экранга чыккан. - 2000-жылы дал ушул тїнї Россия Федерациясынын президенти Борис Ельцин эл алдында каалоо тилек айткан соў, бийликти єлкєнїн азыркы президенти Владимир Путинге єткєрїп берген.

БЕЛЕК КЫЛЫНГАН БЕЛГИЛЇЇ ХОРОВОД Орус элинин Жаўы жылда ырдала турган «В лесу родилась ёлочка» хороводу дїйнє жїзїндє популярдуу болгону менен, ырдын жараткан жазу��чу жана ага обон чыгарган обончу тууралуу кєптєр билбесе керек. Ырдын текстин жєнєкєй китепканачы, мугалим Раиса Кудашёва жазган

болсо, Л.Бекман аттуу композитор кызына Жаўы жылдык белек катары ал ырга обон чыгарып берген.

АЯЗ КЫЗ МЕНЕН АЯЗ АТАНЫН ЖАРАЛЫШЫ Аяз кыз менен Аяз ата 1973-жылдан бери ээрчишип келишет. Александр Островскийдин «Аяз кыз» пьесасынан кийин назик кызды Аяз атанын небереси катары карай башташкан. Орус элинин жашоосунда 1927-35-жылдары Аяз кыз деген тїшїнїк жок болгон. 1950-жылдардан кийин гана Сергей Михалков Кремлдеги балатылардын сценарийин жазгандан баштап Аяз кыз кайрадан кїчїнє кире баштаган. Аяз кыз менен Аяз атаны бїгїнкї кїндє деле бєлїп кароого болбойт.

1-ЯНВАРДА ТЄРЄЛГЄН

БЕЛГИЛЇЇЛЄР - Италиянын жазуучусу жана саясатчысы, Флоренциянын башкаруучусу Лоренцо Медичи так ушул кїнї туулган; - Сигиздум I Польшанын падышасы да ушул кїнї тєрєлгєн; - 1618-жылы Бартоломео Мурильно Испаниянын живописчиси жарык дїйнєгє келген; - 1827-жылы орустардын физикохимиясын тїзгєн тїзїїчї Николай Николаевич Бекетов тєрєлгєн; - 1893-жылы генерал-майор Иван Васильевич Панфилов да тєрєлгєн; - 1949-жылы белгилїї мыйзамдагы ууру, Япончиктин досу «Тайванчик» каймана аты менен белгилїї Алимжан Тохтахунов да тєрєлгєн. Аида Ишенгулова 28-декабрь, 2012-жыл


14

СЕРИАЛ

- Районго чогулушка барганыбызда сураылдай болгон сулуу кыз менен катар отуруп калыптырбыз. Ал кыз дагы отузга жакындап, кимге тийсем экен деп турган экен. - Анан экєєў теў бойдок боло койдуўар. - Ошенттик. Кимибизди тандаар экен деп мелдеше кеттик. - Анан ал кыз сулуу деп, тармал чачыўа арбалып сени тандады. - Ошентти окшойт. Єзїм дагы сулуулугуна арбалып калдым. Кїйєєсїнїн минтип арсалаўдашы аялынын жинин ого бетер келтирип жанын чыгарды. - Сенин ушу аягы суюктугуў кєўїлїмдї аябай оорутарын, жїрєгїмє бычактай тиерин билесиўби? – деп чаўырды. - Капаланбасаў, Алмаштай. Мени Кудай ушинтип келин кызга чуркай бергин деп жаратып койгон турбайбы. - Карасаў муну, буга да жооп табасыў ээ. Кїнєє сенде эмес эле Кудайда дечи. - Болду эми, кечирип кой деп атпайымбы. - Кыйратып койгонсуп деги эле мурдуўду балта кеспейт. - Болду эй, катын, кечирим сурап Алмаштай деген сайын эмне оолугуп атасыў, - деди Кубан їнїн кєтєрїўкї чыгарып. Алмаштын жетээр жерине жетти белем. Їйдї їч кєтєрє бакырды: - Мен сенин ак никелїї аялыўмын, їч кыздын апасымын. Башымды аттап ар кимдер менен жїргєнїў, бирєєнї тєрєтє салганыўды кєтєрїї мага оўой дейсиўби. Менин кєнїлїм менен эсептешмек турсун їйдєгї тиричилик менен ишиў жок. Їйдє эмне бар, эмне жок, качан ишиў болчу эле, ыя? Келин кыз менен жїргєндї, анан ичкен арагыўды эле билесиў. Бутуўдун учун гана кєрєсїў. Эртеўкиўди ойлобойсуў. Кечээ бїт айылга шерменде болгонуўа намыстанып, їч кызыўдан уялбайсыўбы, ыя! Сага корогон кайран... Аялынын жер муштап боздогону мээсине жеттиби же жетпедиби ордунан тура калып: - Жаагыўды басасыўбы же жокпу, - деп жыга тепкенде элек сураганы Мунара кире калбаспы. Экєєнїн урушунун їстїнєн чыкканына єзїн ыўгайсыз сезген Мунара кайра чыгып кете албай же экєєнє бирдеме дей албай дал болуп эле туруп калды. Баятан бери мурдун балта кеспей турганына, Мунаранын кєзїнчє тепки жегенине Алмаштын жаалы чыкты. Тїшїнбєптїр да бул эшек мээ. Эгерде тїшїнсє, жыга тепкендин ордуна єз кїнєєсїн билип унчукпай калмак. Кечээтен бери айылдагылар кїйєєсїнїн бирєєнї тєрєтїп койгонун, ошол кыздын бир тууган эжеси келип Кубанды жакалап, эч кимди кєзгє илбей кєчє менен бир болуп ажылдаганына айылдагыларга эрмек табылды. Унутулгуча айтышат эми деп намыстанган. Жїрєнєєктїгї аз келгенсип тєрєтє салганы жетпей аткансып. Алмаш єзїн жогото ушундай бир бакырды: - Жетет сенин кылыгын! Тойдум сендей араккордон. Чык! Чыгып кет їйдєн! Жогол кєзїмє кєрїнбєй, - деп

ЭЛМИРА АЖЫКАНОВА

БУРУЛ БАЯН (Сандан санга)

ДЇЙНЄ ЄМЇР

ПОВЕСТЬ

чаўырды. Алмашка кїйєєсїнїн кылыгы жанына таштай баткан экен. Кубанды тытмалап, башы менен сїзгїлєп жаткан Алмаш эжесинин абалын Мунара тїшїнїп эле турат. Жубатаар арга табалбайт. Мунарадан уялдыбы, аялга теўелбейин деген ой келдиби, Алмаштын жаны кашайган чаўырыгынан тайсалдадыбы Кубан эшикке чыга качты. Алмаш болсо єкїрїп-бакырып алып, кєкїрєгїндєгї кєк буусу чыга їшкїрїнїп отуруп калды. Кїйєєсї бїт айылга шерменде болгонуна, жєн жїрбєгєн кайран Кубан дешип кїлїшїп жатканына кыздары їчїн намыстанат. - Алмаш эже, єзїўїздї кармаўызчы. Эстїї жансыз го. Эркек деген ушундай турбайбы. - Кечээ биздин ызы-чууда кайда элеў сен? - Їйдє эле болчумун. Саматтын жанынан карыш чыга албаймын. - Сага дагы кыйын болуп калды. Деги аны койдуруп кеткен машина табылдыбы? - Кайдан табылсын. Эсен калды, ошого шїгїр. - Нысабы жок неме, койдуруп кетип, дагы таштап салганын.

(Сандан санга)

АЙ-ТАЛААДАГЫ АЯЛ

АЎГЕМЕ

28-декабрь, 2012-жыл

Албетте, бул театрдын директорунун буйругу болчу. Зейнеп укканда эле негедир кєўїлї тарткан эмес. Бирок жетекчи буйруп жаткандан кийин айла жок эле. Азыр да эстегенде ирээнжип кетет. Чоў жуурулган камырдай болгон беттери майланышып, богоктору салаўдап, шымынын курлары челектей курсактарынын алдында кєрїнбєй калган чоўдор дасторкон бойлото чал-калай олтурушат. Арасында аялдар да бар. Кашы-кєзїн ашкере боенгон, чачтары їрпєйгєн аялдар тим эле сулуусунуп жер баспай манчыркашат. Алар азыр Зейнеп ойной турган “Испан симфониясын” угуп тїшїнєєрїн кудай билет. Ошондой эле болду. Той ортолоп калган маалда Зейнепке кезек келди. Ал ойноп жатып баарын туюп турду.Той башында зыўгырап, каада кїтїп олтурган аял-эркектер эми дастор- кондо дуулдашып, орто кызып алышкан. Скрипканын ойнолгонуна кєўїл деле бурушкан жок. Зейнеп муну сезип турса да чыгарманы эреже боюнча аягына чейин ойноду. Олтургандар кєўїл улап кол чапкан болушту. Зейнеп артка бурула берээрде элдин арасынан бир киши аны кєздєй кое тур дегендей ишаарат кылып келатканын кєрдї. Залдагылар кайрадан кол чаап башташты. Зейнеп тиги кишинин эмнеге келатканына тїшїнбєдї. Колунда гїлї деле жок. Жанына келип бирдеме дегендей болду эле арак бур дей тїштї. Колундагы жашыл кагаз акчасын єйдє кєтєрїп, булга- лап элге кєргєздї да, Зейнептин ак шуру тагынган

- Ага дагы Кудай бардыр. Ошол кїнї талаадагы жїгєрїбїзгє сууну бурам деп бара калбадыбы. - Айылдаштарыбыз жолугуп калбаса айласы эмне болмок. - Ошону айтсаўыз. Баса, элек сурап келбедим беле. - Тигине, ала бер. Мунара чыгып кеткенден кийин Асел кирип келип апасын кучактап алып ыйлады. - Апа, мектепке кантип барам? Эми балдар мага кїлїшєт. Апасынын зээни кейиди. Энелик чексиз мээрими менен кучактап алып эркелетип жатты. Кызын теўтуштарынын мазак сєзїнєн кантип сактай алат. - Гїлчырак кызым, кєп ыйлай бербечи. Кєп болсо он кїн айтышаар, бир ай айтышаар, анан унутулат. Ага чейин бир аз кїнгє Салика таэжеўкине барып алаксып келчи, кызым. - Окуумчу? - Эжекеў менен сїйлєшїп коём. Асел кызынын жїрєгїн кандай жаралап жатканын жанагы катынпоз атасы сезээр бекен деп апасы капалана берди. Айылда болсо уйларын бадага кошкону барышканда, суу алганы келишкенде аялдардын айтканы эле Кубан жєнїндє болуп шарактап кїлє беришти. - Эжеси дагы жинди экен. Сиўдиси тєрєгїчє кєзї кєрбєй кєр болуп жїргєнбї. - Тєрєткєндї билген алганды дагы билет деп кайран Кубанды жакалаганда... Аялдар кечээки окуяны эстеп шарактап каткырышты. - Кубан качан жєн жїрчї эле. Баарыбызга белгилїї го. - Машинасына жалаў гана кыздарды, бой келиндерди салып алат. - Ага Алмаш байкуштан башка эч ким чыдабайт. - Эжесинин акылы болсо кєпчїлїктїн кєзїнчє Кубанды жакалаганча сиўдисин тыйып алса болмок. - Кунаажын кєзїн сїзбєсє, бука жибин їзбєйт... - Ха... ха... - Эжеси ушул болсо сиўдиси кайсы болчу эле. Кубандын тармал чачына азгырылган го. - Ошону айтсаў, єзїлєрїн шерменде этишип. - Уул тєрєп берсеў сага їйлєнєм деген имиш. - Анан Кубан такыр барбай коюп чатак ошондон чыгыптыр. - Кубан мас болуп алып уул тєрєбєй койдуў деп Алмашты ураарын билебиз го. - Эмне эксеў ошону оросуў. Кызды Алмаш єзї жасап алыптырбы. - Аны эркектер тїшїнїп коюптурбу. Аялдан гана кєрє беришет. - Эркектер жакшысын єзїнє, жаманын аялдарга шылташат. - Чыбыгы менен уюн чапкылап айдап келе жаткан Асандын аялы Гїлнара жетип келип эле созгє аралашты. - Менин Асаным экєє бирге барып таанышкан имиш. Кимибизди тандаар экен деп мелдешкенбиз дейт Асаным.

апакай кєкїрєгїнє кєзї кадалып, тєшїнє колун кошо салып ийип акчаны тыгып койду. Олтургандар кубаттап кол чаап калышты. Зейнеп коюнуна муздак бака кирип кеткендей ирээнжий тїштї. Алиги киши єзїнє єзї курсант боло, кайра ордун кєздєй мартабалуу басып баратты. Зейнеп ошол эле жерден коюнундагы акчаны алды да, официант жигитти чакырып, тиги кишинин єзїнє кайра берип коюусун єтїндї. Дасторкондо олтурган баягы сулуусун- ган аялдар Зейнептин бул кылганын жактырышпай, бирин бири алдыртан карашып мурдун чїйрїштї. Зейнеп скрипкасын кабына салып, ийинине артынган боюнча арак, тер, тамак жыттанган ресторандан чыгып кетти. Таза абага чыкканда їстїндєгї оор жїктї алып салгансып жеўилдей тїштї. Ушундай май курсак мансапкорлордун алдында скрипка ойногону їчїн єзїн айыптап келатты. Кошоматка кой сойгон директоруна да жини келди. Ошондон кийин тойлорго чакырышса бир шылтоолорду айтып барбай коет. Андан кєрє ай -талаада жапжалгыз каалаганын ойносо жакшы эмеспи. Сабирдин да кєптєн бери ичинде бышырып, даярдап жїргєн картиналарын баш- тоого бел байлады. Анын адаты - ар кандай чыгарманы баштаарда жїрєксїп, баты- на албай тїйшєлє берет. Ага баштоо кыйын. Эгер ал иш кєкїрєктє даяр болсо бат эле бїтєт. Єзї ойлогондон да жакшы бї-

тїшї мїмкїн. Мындай учурда эч нерсеге алаксыбай, эч ким менен сїйлєшпєй, балапан баскан куш сыўары кїндєп-тїндєп єнєрканасынан чыкпай тїйшєлїп, сакалмурутун алганга да чамасы келбей калат. Зейнептин сїрєтїн да ушинтип куштарланып, чоў эргїї менен тарткан. Ошондон бери кєкїрєктєгї жылуу сезим табынан кайтпай Зейнепке болгон ашыктыгы жан дїйнєсїн дїўгїрєтїп келет. Жашы кыркка барып калганына карабай боз уландарча басса-турса кєз алдында Зейнеп. Анын кыяктай назик мїнєзї, ички адебин кєрсєтїп турган ыйбаалуу кєздєрї, аялдык жан дїйнєсїнїн тазалыгы Сабирдинди жипсиз байлады. Бой тартып келаткан уулу менен кызы, кєр оокатка муюбаган кєтєрїмдїї, тїйшїкчїл аялы бар экенине карабай, минтип башка бир жаш, болгондо да кїйєєсї бар келинди сїйїп олтурушу эмне єзї? Ушу да адамдыкка жатабы дейин десе Зейнепти кантип сїйбєй коюуга болот? Дегеле бирєєнї бирєє жакшы кєрїїгє эмне їчїн болбосун? Мейли, жек кєрїїгє, душмандашууга тыюу салынсын. А сїйїїгє бєгєт койгон туурабы? Адамдар бирин бири жакшы кєрїп эле турса гана? Ушул жашка келгиче сїйїї жєнїндє анчейин деле ойлонбогон экен кєрсє. Зейнепке болгон сїйїїсїнїн демиби айтоор ошондон бери Сабирдин чыгармачы- лыкка ышкыланып, оюнда багып жїргєн идеяларын эскиз кылып кагазга тїшїрїп, айрымдарынын їстїнє тїшїп иштєєдє.


15

СКАНВОРД

АКЫЛДУУНУН АЛДЫ МЕНЕН ЖЇР, АКМАКТЫН АРТЫ МЕНЕН ЖЇР

28-декабрь, 2012-жыл


16

САХНА АРТЫНДА

Расул РАХМАНАЛИЕВ:

ы д м ы к с ы р ы з Є « п а н й ы ж н о д р о тойл жїрєм» Тили буудай кууруган ди-джей Расул Рахманалиев ар кырдуу таланты туурасында маек куруп берди.

- Саламатсыўбы Расул, алгач сєзїбїздї журналистикага аралашканыў тууралуу баштасак? - Жакшы болот, жаштын тилегин берет дегендей жаштайыман бери радиодо гезитте иштесем же телевизордун ичине кирип алгым келчї. єзїм чоў-энемдин колунда єскєм. Атам-апамдар Бишкекте жашачу. Айылдан шаарга атаэнемди сагындым деген шылтоо менен эптеп шылтоолоп келгем. Окуп жїрдїм, кєп кастингдерге барчумун єзїмдї кєп сынап кєргєм. Кїндєрдїн биринде ЭлТРде сюжет даярдаганды билгендерге конкурс болуп жатканын угуп єзїмдї сынап кєргєм. Анан ошол сынактын айынан тааныш арттырып кала бергем. Ошентип менин классташтарым 11-классты аяктап акыркы коўгуроо менен коштошуп жїрїшсє мен «Кутман таў»кєрсєтїїсїн алып барып отургам. Сюжет даярдап жїргєнїмдє Шайырбек Абдырахман уулу єзї келип «сен эмнеге эфирге чыкпайсыў? жїрї эфирге ылайыктуу жигиттер турганда иштеш керек деп эфирге чыкканга тїрткї берген. - Сени гезитте да иштеп жїргєнїўдї да кєргєн элек? - Ооба, жигитке жетимиш єнєр аздык кылат дегендей, теледе штаттан тышкары жїрїп акча албай ЭлТРде 1 жыл жїрїп ачка калган кїндєрїмдє апам кїн сайын урушчу болгон. Анан гезитке иштеп акча табууну кєздєп бир аз иштеп калгам. - Радио тармагына кантип келдиў? - Эки тоонун чєбїн самаган кийик ачка калат дегендей эки тоонун чєбїн да татып кєрдїм десем болот. Радиодо иштесем деп кыялдана берип тажап кеткем. Анан ырчы Байыш Момуновду теле жакта кєрїп эле, мен алып баруучу, ырчы, кабарчы, тамада болгум келет деп єз оюмду айткам. Ошондо Байыш аке оо мынча кєп, жок дегенде бирєєсїн танда анан мага чал деп кетип калган. Мен кєпкє ойлонуп тамада болом деп чечкем. Ошентип тамадалыкты Байыш акеден їйрєнїп жїргєм. Кїндєрдїн биринде Жалал-Абадга Байыш аке менен келип тойго тамада болуп Токтогул жергесинде тамактаналы деп бир кафеге кирсек Элfm радиосун туптєєгє зор салымы бар маркум агайым Медер Осмоналиев келинчеги менен отур28-декабрь, 2012-жыл

ДИ-ДЖЕЙ ТУУРАЛУУ иев Расул Рахманал Абдикалилович; 1989-жыл, 21Туулган жылы август; ткен шаары; Кичи мекени - Ба диосунун Учурда - Элfm ра ди-джейи, їй-бїлєлїї.

ган экен. Ошол жерден сїйлєшїп бирге олтурган элек. Мен мурда эле Медер аке менен жакшы мамиледе элем. Байыш аке андан да бышыктап, ушул бала радиого

кызыгуусу кїч карап кєр жараса ал жарабаса анда мени уят кылат мен да жардам бербейм деген. Кийин мен атайын Элдик радиодо иштеш їчїн Бишкектен Ош шаарына жол тарттым. Маркум Медер аке сїйлєтїп сынап кєрїп 6 ай штаттан сырткары иштетип анан ишенимдїї жигит экен 1-ноябрда эфирге чыгат деген сєзїнєн кийин кїтїїсїздєн каза болуп 1-декабрда эфирге чыккам. Эгер Медер аке тирїї болуп, менин эфир алып барганымды укканда жакшы болмок. Ушул менин ємїрдєгї армандарымдын бири. Ушундай табышмактуу талант жер тандабай Ош шаарында Элдик радионун кызматкеримин. - Сен їчїн радио, гезит же теленин кайсынысы кызыктуу? - Ар бир иш кызыктуу. ЭлТРдин иши єзї кызыктуу. Кєп агай, эжелерден сабак алдым, билбегенди уйрєндїм. Гезитте макала жазганды гезиттин ашканасын

жакшы єздєштїрє алдым деп ойлойм. Ал эми Радио баарынан кызыктуу. Себеби радиону тамак жасап, жолдо баратып, жумуш їстїндє кайсы жерде болбосун угарман угууга болот. Элfm менин экинчи їйїм! - Кїзїндє тойлордон бошочу эмес элеў, тамадалык єнєрїў кємїскєдє калган жокпу? - Ооба, карышкырдын самаганы кой, Тамаданын самаганы той деп коебуз го. Ак тєєнїн карды жарылган мезгил бул кїз айлары. Азыркы учурда кичине эле сєз їйрєнїп тамада сезип алгандарды кєрїп, бир аз тажрыйба алышы керек экен деп коём. Тойдун кєркї тамада, шїгїр мен дагы єз ырыскымды тойлордон жыйнап жїрєм. Тойлордо аз да болсо кызмат кылып жатабыз. - Ырчы Байыш Момунов менен азыр мамилеўер кандай? - Бишкек шаарында жашап жїргєнїмдє Байыш аке менен кїн сайын тойго барчу элем. Учурда мен Ош шаарында болгонума байланыштуу телефон аркылуу гана байланышып турабыз же интернет агент аркылуу дегендей. Байыш акени єкїл ата шайлап алгам. Бирок єкїл аталык милдетин бир аз аткара албай жїрєт. (кїлїп) Аа баса Ошто тойлор чыкса мага кээде кабарлап коет. Бирок Байыш акеге ємїр бою ыраазычылык билдиргим келет. - Єкїл ата деп калдыў, куш бооўор бек болсун. - Рахмат. Жаздын жай мезгилине оогон чакта баш кошконбуз. Келинчегим Базар-Коргон

жергесинин кызы. Аты Роза, менден эки жашка кичїї, кесиби финансист. - Кантип таанышып калдыўар эле? - Тойдун шааниси менен да. Келинчегимдин туугандарынын тоюунан тааныщып калдык. Биртуугандары деп чакырсам, туугандарынын арасынан тыпылдаган, кара кєз кыз келип колумдагы микрофонду алып, шурудай тизилген сєздєрїн сїйлєп киргенде єзїмдї жоготуп, акырында телефон номерин алып, єзїм банкта иштеймин деп алдап таанышкам. - Расул сен ырдап да жїрєсїў, ыр чєйрєсїнє ким тїрткї болду?

- Тамада, ырчылык, ди-джейликке чейин эле кафелерде ырдап, аппаратуралар менен тойлорду катырып жїрчїмїн. Атам кєп аспаптарда ойнойт. Музыкага болгон табити кїчтїї. Биз їй-бєлєдє чоў топбуз. Баарыбыз таланттуубуз. Бирок мен эле ушул жаатка баш багып баратам. - Телевидение, радио, ге-

зитте иштедиў, эми єзїўдї кайсы тармакта сынагыў келип жїрєт? - Учурда радиодо тїнкї эфирди мага жїктєшкєн.Тїнкї убак аябай оор жана жоопкерчиликтїї, мунун кєп сыры бар. Радионун жумушу эле жоопкерчиликтїї. Кїндїзї «Трасса» компаниясында єз кесибим менен менеджермин а тїнкїсїн экинчи їйїм Элfm. - Тоскоолдуктар жаралбайбы? - Убакыт аз бирок ал нерсени туура так бєлїштїрє билем. Бирок Радионун зарыл иши болсо ачка калсам да бїтїрїп кетем. - Ырчы Данияр Эрматовго да продюсерлик кылып жїрєт деп уккан элек? - Данияр менен достук гана мамилебиз бар. Ал жаўы гана ыр жаздырып, клип тартып жїргєн кезде мага айткан. Досум аябай таланттуу, спорт жаатында да кєп ийгилик жарата алган. Мен клиптерин телерадиолорго бергенге гана жардам берип келем. Бир гана Элfm эмес Кыргызстандагы радиолорго, кыскасын айтканда досумдун пиар-менеджери этимиш болуп коем. Кєп эле ырчыларга жардам берип келем, бирок аты таанылып калса адам карабай калышат . Эми єзїм жакшы ырчы таап, продюсер болсомбу деп жїргєн кезим. Кээ бир популярдуу ырчылар ырдап жїргєн ырлардын да обонун жаратып жїрєм. Алардын атын атагым келбейт. Маектешкен Насипа Байызбекова


Айбат - коомдук-саясий гезити