Issuu on Google+

Мирослав НИЯЗОВ::

“ФЕРГАНА ЄРЄЄНЇ ВУЛКАН СЫЯКТУУ БОЛУП ТУРАТ”

4

Жаратканым жар болсун!

Коомдук–саясий гезит

2 •

aybat81@mail.ru •

aybat81@mail.ru •

aybat81@mail.ru •

aybat81@mail.ru •

aybat81@mail.ru •

¹2

Èþëü, 2012

МЫРЗАКМАТОВ НЕГЕ УНЧУКПАЙТ?..

2

ªì¿ðçàê Ҫ˪ÁÅÊÎÂ:

«ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА БОМЖду БОМЖ ду""

ЯГУАР

ЇЙЇМДЇ, МАШИНЕМДИ САТЫП ТАРТТЫМ»

МИНГИСИ КЕЛГЕН ШИРИН Ñåëåêöèÿ æà¢û êîíóøóíóí òóðãóíó ÒÅÊÅÃÀÍΠÓëàí:

8

7

Òºëºãºí ÊÅËÄÈÁÀÅÂ, «Êûðãûç-Àòà» ïàðòèÿñûíûí òºðàãàñû:

“ЧЕРНЫЙЛАРДЫН” БИРИ “КОЛУ, БУТУН ЧААП САЛ”-ДЕГЕНДЕ, ЇЙДЇН ДОКУМЕНТТИН БЕРЕЙИН ДЕДИМ” 6

«АТА-МЕКЕНДЕ ТЕКЕБАЕВДИН СЄЗЇН ЭКИ КЫЛБАГАН ИТ МАРАТ КАЙЫПОВ КУЙРУКТАР ГАНА ЖЇРЄТ» ЭКЕН

«БОЙДОК»

5

2


2

АЙБАТ ПРЕСС М. КАЙЫПОВ «БОЙДОК» ЭКЕН

К. ДЫЙКАНБАЕВ “ДЫЙКАНЧЫЛЫГЫН” КЫЛЫП ЖАТАТ

Юрист Марат Кайыповду окурмандар жакшы эле билсе керек. Саясаттагы тушоосу Аскар Акаевдин мезгилинде президенттик аппаратта кызматкер болуп иштєє менен кесилген. Кийин Минюстка министр болуп иштеп калганда жаштарды тартуу менен анча мынча реформа кылууга аракет кылгандыгы да байкалган. ЖК га депутат болом деп талапкерлигин Сузактан сунуштап, кїткєн кїн да келди -деп, реклама жасап, ал аракети оўкосунан кеткен. Эў негизгиси Бакиев президент болуп келип бакыйганда эки катын алуу идеясын мыйзамдаштырууга катуу аракет кєрїп, эл кєзїнє кєрїнгєн. Єлкє кыйналып, карапайым эркектерибиз эки аял эмес балдарынын курсагын тойгуза албай турганда Кайыповуў менен куруп кал дегендер да болгон. Кєрсє єзїнїн да бир мандеми бар окшойт. Сотторду тандоо конкурсу учурунда Марат Кайыпов мырзанын паспортунда їй бїлєсї деген жеринде бойдок болуп чыкты. Єзїнїн маалыматына караганда 2009-жылы їйлєнїп, ошондон бери паспортун ал жери актай боюнча экен. Кайыповдун дал ушул эки аял алууга уруксат берїїгє болгон аракети да конкурстан єтїшїнє тоскоол боло тургансып калды. Аялдардан турган єкмєттїк эмес уюмдун мїчєлєрї М. Кайыповду Жогорку Соттун судялыгына єткєрбєє боюнча талаптарын Сотторду тандоо кеўешинин мїчєлєрїнєн талап кылышууда.

Республика фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев фракция ичинде активдїї депутаттардын катарына кирет. Ушул депутат жакында єкмєттїн отставкага кетпешин, дагы узак жылдарга иштешин кепилдеген маалыматын таркатты. Тескерисинче Жогорку Кеўеш таркатылышы мїмкїн. Єкмєткє ишенбестик кворумун билдирїї негизинен “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарынан турган топтун интригасы. Єкмєт туруктуу иштеп жатат. Дагы бир нече жыл иштейт. Министрлер кабинетин таркатууга эч негиз жок. “Ата-Мекен” фракциясы тарабынан сунуш кылынган Равшан Сабиров єкмєттї уят кылып жатканын єздєрї алдын ойлонушса болмок –дейт. К. Дыйканбаев ошону менен катар эле Республикачы мыйзамчылар ичинде Р. Сабировго окшогондор толуп отурганын айткызы келбегени кызык. Иши кылып ар кимиси єздєрїнїн булганч жактары тууралуу айткызы келбейт. Анысы да тїшїнїктїї дечи..

ПИРМАТОВ ТЕКЕБАЕВДИН ТОРУНАН ЧЫГА АЛБАЙ КАЛДЫ ОКШОЙТ

“Ата-Мекен” партиясы бийликке келип, келбей жатып крим чєйрєгє каршы кїрєш баштаганы маалым. Алардын аракети менен крим чєйрєнїн бир топ кылмышкерлери темир тордун артына киргизилген. Бирок, алардын иштери сот тарабынан акталып, кайра эле эркиндикке чыгарылган. Учурда крим чєйрє кайра эле активдешип мурдагыдай эле иштеп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды тийешелїї укук коргоо кызматкерлери да жокко чыгара албаса керек. Алардын башчылары алыскы мамлекеттерге жатып алышып, баягыдай эле бул жакты башкарып жаткандыктары тууралуу да маалыматтар жок эмес. Ошону менен крим чєйрє менен кїрєшїї солгундап барып, аягына чыкты окшойт деген пикирлер да арбын . Же Ата Мекенчилер мындай аракеттери менен шайлоо алдында элдин добушун алуу менен чектелебиз дешкенби айтор, башка финансылык максаттары болгонбу тїшїнїксїз болуп туру. Андан кийин Ата Мекенчилер Исхак Пирматовдун жоопко тартылышын ачык колдошкондугу маалым. Фракция лидери Ємїрбек Текебаев Исхак Пирматовдун иши олуттуу иштерден болгондуктан парламенттин макулдугу жок эле кылмыш жообуна тартууга болорун айтты. “Ата Мекен” фракциясынан министрлик папкени алган Равшан Сабиров кылмышка шектїї деп, прокуратура тарабынан кармалган кїндєн баштап аны кызматтан алуу сунушун єкмєт башына шашылыш жєнєтїп жибергенге жетишти. Айтор, ушундай шарттардан уламбы жакында партиянын курултайын єткєрїїнї пландап жиберишти. Эмнеси болсо да “Ата Мекен” фракциясынын коррупцияга каршы демилгеси крим чєйрє менен кїрєшїї сыяктуу болуп ара жолдо калбаса болду.

МЫРЗАКМАТОВ НЕГЕ УНЧУКПАЙТ?..

БИРИНЧИ ОРУНГА 200 МИЎ ДОЛЛАР

Кыргыз мамлекети оўолуп келе жаткан окшойт. Олимпиадага катыша турган спортчулар айына єкмєт тарабынан 45 миў сом, УОК тарабынан 600 доллар стипендия ала турган болушту. Мурат Саралиновдун маалыматына караганда эгерде кайсы бир спортчу Лондондон 1-орунду алып келсе, ага єкмєт тарабынан 200 миў доллар, 2-орунга 150 миў доллар, 3-орунга 100 миў доллар берилет. Жалпы Лондон олимпиадасына кеткен чыгымдардын суммасы 4,5 млн долларды тїзгєн. Ал каражаттарга авиабилеттер, спортчулардын спорттук кийимдерине чыгымдалган. Ал эми жашай турган жерин кабыл алуучу тарап каржылайт, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын єкмєтїнє караштуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Байгазы Кенжебаев. Жалпысынан Лондонго бара турган делегациянын саны 36 адамдан турат. Алардын 14 спортчулар, 11 машыктыруучу, калгандары массаж жасаган адамдар, доктурлар ж.б. Алардын арасында єкмєт башчысы Є.Бабанов да бар.

Гезит ээси:

"Айбат Аймак" коомдук фонду Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ Июль, 2012-жыл

Редакциялык жамаат:

Кабылдама:(0312) 53 18 98

Аида ИШЕНГУЛОВА Акинай АЙДАРОВА Мелис АРТЫКОВ Мирбек АСАНАЛИЕВ Мээрим БАКТЫБЕК кызы Насипа БАЙЫЗБЕКОВА Самара САЛАМАТОВА

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: aybat81@mail.ru Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун кезеги келди сыягы. Айрым бир кїчтєр адам їрєйїн учурган тири укмуш ушактарды Мырзакматовдун адресине сїртє башташты. Тїштїктє баш кесерлердин эки лагерин каржылап жатат дешип, кїнєєлєп чыгышты. Бакиев келет деп, карапайым элдин аў сезимине ойногулары келип жатканына эмне дейсиў? Албетте, Мырзакматовду саясый максатта фигура катары єз максаттарына колдонгулары келген ички, сырткы кїчтєр да жок эмес дечи. Кызыгы Мелис Жоошбаевич єз адресине карата айтылган мындай сєздєргє жообун бергенге ашыкпаганы таў калтырып туру. Кабылдамасына чалып, М. Мырзахматовду сураганыбызда жардамчысы эмгек эс алууда экенин айтып, кол телефонун бере албасын, ушундай буйрук болгонун билдирди.

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер. Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу. Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин бєлїмїндє катталган, Каттоо № 1853 Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды Гезит келишим баада.

Буйрутма №

Нускасы:


АЙБАТ ПРЕСС

3

«АТА-МЕКЕН» ГЇЛНИЗА БЕЙШЕНБАЕВАНЫ КЇЧТЄП КЕТИРГЕНБИ?

Є. БАБАНОВ К. ЖУМАЛИЕВДИ КАЙТАЛАДЫБЫ?...

Садыр Жапаровдун чуулгандуу “Кумтєр Оперейтинг Компаниясын” Кыргызстанга тийгизип жаткан экологиялык, финансылык зыянын изилдеген депутаттык комиссиясы максатына жетпей калганы карапайым элдин кабыргасын кайыштырган эле. ЖКнын жыйынында каргылданып Канадалыктарга наалат айтып сїйлєгєн акын-молдо Эгемберди Эрматов добушка келгенде каршы добуш берип, таў калтырган. Ошол эле Кумтєр менен кєп жылдар “салгылашкан” Иманкожоева Эркингїлдїн комиссиянын сунушун колдобой койгондугу табышмактуу болгон. Эми болсо єкмєт Кумтєр боюнча жаўыдан комиссия тїзгєнїн маалымдады. Комиссиянын тєрагалыгына экономика жана антимонополдук саясат боюнча министр Темир Сариев дайындалды. Мїчєлєрї А. Алтыбаева, Б. Джетигенова, У. Аманбаева, М. Сабиров , Г. Жамгырчиева , Э. Иманкожоева Э. Алымбеков, К. Самаков, А. Шыкмаматов, А. Алымкулов, О. Артыкбаев жана башкалар. Комиссиянын курамында С. Жапаров жетектеген ЖКнын комиссиясынын сунушун колдобогондор арбын экендиги азыртан эле иштин кандайча бїткєрїлєрї белгилїї болуп калганынан кабар берет. Комиссия Кумтєр боюнча иштин жыйынтыгын їстїбуздєгї жылдын 1-ноябрына ЖКга сунуш кылыш керек. Єкмєт башчы жакында Кумтєргє болгон сапарында Канадалык жетекчилерди катуу жемелегени маалым. Жемелегенине караганда накта кыргызбайлык сезилет. Чет мамлекеттерде инвесторлорду мындай коелу, ишканада карапайым жумушчу жакпай калса їн, сєз жок жумуштан кубалап салышмайын кєп эле угуп жїрбєйбїзбї. Илгери К. Жумалиев транспорт министри кезинде Ош-Бишкек жолун салып жатышкан Тїрк аркадаштарын ушинтип жемелеп келмейи бар эле. Кєрсє анысы Акаев кожоюунун тапшырмасы менен аткарылып, “бир нерсе” єндїрїп келчї экен. Сыягы єкмєттїк комиссия деле ушул кїнгє чейин тїзїлуп келген комиссиянын бири болот окшоп калды.

«Ата-Мекен» депутат Гїлниза Бейшенбаеваны кїчтєп арыз жаздырып, креслосун тартып алды деген каўшар кептин чындыгы билинди. Капчыктуу олигарх Сайдилла Нышанов Текебаевдин капталын кашып, бир топ «сєлкєбайларды» сунуштаса керек, депутат болгону аз эле болгон Гїлниза айымды депутаттыктан айдап, оордун Нышановго оодарып берген. Бейшенбаеваны кантип кетиребиз деп амал издеп, жаш депутаттар Жоомарт Сапарбаев менен БАктыбек Калмаматовго кеп салып, Гїлнизаны бир нерсе кылгыла деп жиберет. Кєп жылдан бери бирге жїргєн кесиптешине баргандан уялган Жоомарт Сапарбаев барбай, ар шылтоонун башын айтып чыгып кетет. «Бєрк ал десе ,баш алган» Бактыбек Гїлнизага барып, опурулуп сїйлєп «шеф сени кет деп атат, ордунду бошотпойсуўбу!» дейт. Ачуусу келген Гулниза «Бакыт мен креслого жабышып калган эмесмин, ансыз да кетем» деп чыгып кетет. Ошондон кийин Бакыт менен Гулниза артын салышып жїрєт. «Ата-Мекенге» таарынычы кїч дейт депутат айымдын. Жакын кєргєндєрїнє таарынычын жашырбай, «шефтер єзїм билемдик кылып, биздин эмгегибизди баалабай калды. Мындай болсо партиялаштарыбыздын бир тобун жоготобуз. Кадырыбыз дагы тїшєт» дептир. Баарынан кызыгы Гїлнизанын депутаттыктан кеткени Адилет министри Алмамбет Шыкмаматовдун катуу кыжырын келтирди дейт. Текебаевге тиш кайрап жїргєнїн эшиттик. «Ата-Мекенди» менчигиндей калчаган Текебаевдин ушундай саясаты жїрє берсе, анда тегерегинде кошоматка кой сойгон Калмаматовго окшогондор эле калат єўдєнїп калды…

Р. КАМКОЕВДИН КЄЗЇН КАРАГАН ИИМ

Ички Иштер министринин оперативдїї ишмердїїлїктї кєзємєлдєгєн орун басары М. Турганбаев Кылмыш иликтєє боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Т.Алибаев менен анын орун басары Б.Абдраимовдун камакка алынышы боюнча маалымат берип жатып, ИИМдин ичиндеги сырды ачты. Мамлекет оперативдїї иштерди жїргїзїїгє акча карабайт. Маўзат соодасынын башын ачууда же ири суммада пара алгандарды кармаш їчїн чоў каражаттар керек. Мына ошондуктан кылмыш иликтєє башкы башкармалыгынын жетекчилиги Руслан Камкоев аттуу ишкерден карыз алып турган болсо керек. Мен Р. Камкоевди Кыргызстандагы эў белгилїї ишкер катары билем-деди. Кєрсє мурдагыдай эле кылмыштын бетин ачууда опер кызматкерлер жабырлануучуга машинеге май куйсаў барабыз, болбосо барбайбыз дешкендей жоруктар жогор жакта деле жок эмес экен. Укук коргоо кызматкерлеринин абалы ушул болсо анан кайдагы коррупция, кылмышкерлер менен кїрєшєбїз.

ТАШИЕВ БИЙЛИКТИН ЭМЕС БАБАНОВДУН ОППОЗИЦИЯСЫБЫ?..

М. СУТАЛИНОВДУН КАРЫНДАШЫ Г. СУТАЛИНОВА ЖОГОРКУ СОТТУН СУДЬЯЛЫГЫНА АТ САЛЫШУУДА

Азыр эми репрессиялангандардын урук туугандары менен куугунтукталгыдай уу у у 37-жыл эмес. Анын їстїнє кубаттуу СССР капут болгону качан. Мындай болгон соў Кыргызстанда кыргызчылык, уурук-тууганчылык, у уу тааныш-билиштин торунан чыгышка али кєп бар. Алгач кыргызчылык анан мыйзам аткарылса аткарылат болбосо жок. Сєздїн мындай ыўгайда баштаганыбыздын себеби да жєндїї. УКМКнын мурдагы тєрагасы, 7-апрелдеги кан тєгїїлєргє кїнєлїї деп соттолуп жаткан М. Суталиновдун карачечекей карындашы Гїлзар Суталинова у Жогоркуу Соттун у судьялыгына у ат салышып, сынактын биринчи турунан у у камчы салдырбай єтїп кеткени кызык болду. у Кєрсє Гїлзар Суталинованын у сот тармагында тажрыйбасы 10 жылдан ашып. Жогоркуу сотто судьялык у ишин кылат экен. Баягы 7-апрель байрактары сыяктуу кыймылы, єкмєттїк эмес уюмдардын аталган талапкерге келгенде ооз ачпай тургану дары да кызык болуп у туру. у у Кайыповго кыйкыргандай ооз ачып коюшса деле жарашмак. Же бийликтин оозун карашып, буйрукту кїтїп атышабы?..

7-апрелден кийин оппозициянын кїнї бїткєнї маалым болгон. Ошентсе да андай мындай деген менен оппозиция керек. Бирок, учурдагы оппозицияны азыркы бийликтин эмес Є. Бабановдун гана оппозиясы десек жаўылышпайбыз. Акаев менен Бакиевдин мезгилиндеги радикалдуу оппозиционерлердин кєпчїлїгї азыр бийликтин майлуу, сїтїї жерлерин басып отурушат. А. Бекназаров, Э. Бєлєкбаев, Э. Каптагаевдер бийликте болбогон менен учурунда курсактарын кампайтып алышып, кєўїлдєрї ток. Эми курсактары бєксєргєндє эле баш кєтєрїшпєсє кыймылдачудай тїрї жок. Ал эми президенттик шайлоодо оппозициялык маанайда жїргєн Адахан Мадумаров анда-мында гезитке чыгып маек бергени эле болбосо радикалдуу оппозиция боло албашы айдан ачык. Болгон да эмес. К. Ташиев курч мїнєздїї болгон менен президент А. Атамбаевдин ыркынан чыгып кетїїсї кїмєн. Буга чейин А. Атамбаев да оппозиция тууралуу сєзїндє К. Ташиевдин адресине карата жылуу сєз айтканы мындай далилибизди бекемдей алат десек жаўылышпайбыз.

ИРАН 10 МЛРД. ДОЛЛАР БЕРЇЇГЄ ДАЯР

Эл аралык финансы мекемелери кыргыз коррупционерлери менен колтукташып алышып, бїгїнкї кїнї республикабызды 3 млрд. долларга карыз кылып мыйыгынан кїлїп турушат. Батыштын їлгїсїндо жашайбыз деп, алардын баш мыйзамын алганыбыз менен бийлик тїзїлїшїбїз оўоло албай келет. Биз болбой эле батыштан їмїт эткенибиз эткен. Экономика эўшерилгенден эўшерилип барат. Кайсы мамлекет, кандай эл болбосун алардын жетишкен жактарын алсак жаман эмес дечи. Россия саясый єнєктєш катары кызмат кылган менен финансылык жактан кыйратып жибербєєсї айдан ачык болуп калды. Ага караганда Кытай финансылык жактан жардамын аябашын билдирип баштады. Иран мамлекети да жакындан жардам берерин жашырган жок. Ирандын єнєр жай жана соода министри Махди Газанфари Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаров менен жолугушууда расмий Тегеран Кыргызстандагы кыска мєєнєттєгї долбоорлор їчїн 1 миллиард, ал эми узак мєєнєттєгї долбоорлор їчїн 10 миллиард доллар берїїгє даяр экендигин маалымдады. Ошондой эле Бишкек-Тегеран аба каттамын кайра жандандырууга кызыкдар. Кыргызстандагы кичи конуштарда, чакан шаарларда жана айылдарда жол, кєп кабаттуу їйлєрдї куруу, ипотекалык насыя жана банк системасын єнїктїрїї боюнча кызматташууга чакырды. Кантсе да басса, турса кудай деген эли, журту бар мамлекет эмеспи. Июль, 2012-жыл


4

ЭКСПРЕСС МАЕК

Коопсуздук кеўешинин мурдагы катчысы Мирослав НИЯЗОВ: Коопсу

“ФЕРГАНА ЄРЄЄНЇ ВУЛКАН СЫЯКТУУ БОЛУП ТУРАТ”

- Борбордук Азияда эки ири мамлекеттер Россия менен АКШнын кызыкчылыктары кагылышып жаткандай? - Бордук Азия республикаларына Россиянын таасири кїчтїї болгон менен Америка да жєн калган жок. Ар кандай маселелерде кийлигишип кетип жатат. ЖККУ Россиянын демилгеси менен мурдагы СССРге караган мамлекеттердин башын бирикСаясат

тирїї максатында тїзїлгєн. Тилекке каршы натыйжасы анча чыкпай жатат. Фергена єрєєнї атыла турган булкандай болуп турат. Эгерде Фергана єрєєнї жарылса Борбордук Азия бїтїндєй жалындын алдында калат. Американын маалыматына таянсак алар Ооганстандан аскерин, куралын Борбордук Азиядагы кайсы мамлекет макул болсо. ошол мамлекетке биз согуштук куралды, техника-

- Єзбекстандын ЖККУнун курамынан чыгып кетиши бул уюмдун ыдырап жатышынын белгиси катары кабылдасак болобу? - ЖККУ керек уюм. Биринчиден Єзбекстан эгемендїї мамлекет болгондуктан кандай иш жїргїзєт єзї билет. Єзбекстан ЖККУнун курамынан экинчи жолу чыгып жатат. Биримдик бир ба-

гыт жок болуп жатат. Ушундай абалдан улам ЖККУда жаракка кетип жатат. Дїйнє жїзї боюнча Фергана єрєєнїндєй эл жык жайгашкан аймак жок. Эл абдан жыш жайгашкан. Суу, жер жетишпейт. Элдин социалдык акыбалы єтє оор. Фергана єрєєнїн Кыргызстан жагында абал башкача. Суу, жер, жайыт да кенен. Борбордук Азия мамлекеттери эгемендїїбїз болдук дешкен менен жоопкерчиликтерин сезбей жатышат. Жеке амбицияларынан чыга албай атышат. Ар бир республика єзїнїн казанында єзї кайнап андан аркыны кєрє албай келет. Бир аймакта жашашкандан кийин бири бирисиз жашай алышпайт. Мамлекеттин эки кызыкчылыгы болот. Биринчиси, элдин кызыкчылыгын

камсыздоо. Экинчиси, мамлекеттин коопсуздугун бекемдеши керек. Кандай биргелешкен мамлекеттер аралык уюмдарга бирикбесин ар бир мамлекеттин єз кызыкчылыктары менен бирге жалпы кызыкчылыктар да сакталышы зарыл. Жалпы кызыкчылыктарда туруктуу кєз караш болсо дурус болот эле. - Жа к ы н д а эл е а й р ы м ММКларда Баткен облусу тараптан террордук топтордун кол салуу коркунучу бар деген маалыматтар тарады?.. -Кандай маалыматтар тїшсє укук коргоо органдары аны текшерїїгє милдеттїї. Андан кийин жыйынтык чыгаруусу керек.

БОРБОРДУК АЗИЯДА БИР КАРААН ЖЇРЄТ

Дїйнєлїк маалымат каражаттары Борбордук Азия мамлекеттерине афган синдрому оошу тууралуу жазып башташты. Мындай коогалаў максаттын аркасында АКШ мамлекети турары тууралуу ачык эле айтып жатышат. Океандын ары жагындагы ири мамлекет бул аракети менен Россиянын таасирин аталган аймактан азайтып салууга жасалган максаты катары тїшїнсє болчудай. Єзбекстанга болгон АКШнын тымызын мамилеси катаалдашып бара жатканы тууралуу да байкоолор да ачыкка чыга баштады. Эл аралык экспертердин маалыматына караганда эгерде Єзбекстанда саясый, социалдык жарылуулар чыкса эў биринчи Казакстан жабыр тарттаары белгиленїїдє. Фергана єрєєнїндє айрым бир чырлардын пайда болгондугу тууралуу да айтыла калып келет. Эзелтеден ички чырын сыртка чыгарбаган бул коўшу мамлекетте эмне болуп жатканын билїї кыйын. Афганистандагы ааламатка караганда Борбордук Азия мамлекеттери їчїн эки эсе зыяндуулугу чоў болушу мїмкїн. Ааламатын негизги критерийлери катары Єзбек лидеринин картайып бара жатканы, бийлик тїзїлїшїнїн эскиче сакталышы, ал єлкєдєгї Таджик улуту менен тїпкїлїктїї улуттун мамилелеринин кїч менен кармалып туруусу, суунун тартыштыгы айтылып келет. Суунун айынан Таджикстан менен Єзбекстандын ортосундагы анын ичинде эки мамлекеттин лидеринин ортосунда пикир келишпестик єєрчїгєндїгї байкалат. Єзбекстандагы абалдын оорлошуп бара жатканын сезген чет жердеги єзбек оппозициясынын лидерлери Батыш жергесинде жолугушуп, Каримовдун бийлигин кулатуу боюнча бир уюмга биригишти. Ислам Абдуганиевичтин каардуу колу чет мамлекетке да жетип калышынан чоочулашкан алар андан кантип коргонуп калуу аракетин да ойлоп коюшту. Казакстанда деле мындан айырмаланган анча-мынча єзгєчєлїктєр болбосо, жалпысынан окшоштуктар жок эмес. Казак президентинин бийлигинин каардуулугу Каримовдон кем калбайт. Єлкєдєгї тартипти Июль, 2012-жыл

ларды калтырып кетебиз дешти. Бул єтє татаал маселе Кандайдыр бир чырдын очогу болуп калышы мїмкїн. Борбордук Азия мамлекет жетекчилери олутуу кєз караш менен мамиле кылышы керек. Мындай аракет региондогу акыбалды курчутуп коюушу мїмкїн. Борбордук Азия сууга жана башка жаратылыш байлыктарына бай аймак.

Назарбаевдин темирдей бийлиги гана кармап келет. Єлкєнїнї аймактарында диний экстремистер жок эмес. Кыргызстандагыдай эле криминалдык топтор бул жерде да жетиштїї. Дагы бир кїч бизнес топтордун ортосунда жердешчиликке негизделген карама каршылыктын сакталып келиши. Єзбекстандагы саясый, социалдык жарылуулар ошол эле турушу боюнча Казакстанга єтїп кетиши тууралуу да божомолдор жок эмес. Ал эми аталган мамлекеттин ар жагында Россия Федерациясы жайгашканын эске алсак, таяктын учу кайсы тарапка кетип жатканын тїшїнїїгє болот. АКШнын президентти Барака Обама Кыргызстандын аймагы аркылуу жылына 20 млрд. долларга барабар наркотика агып єтєєрї, анын башында крим авторитет Камчы Кєлбаев турары тууралу маалымат таратты. Обаманын оозунан мындай сєз чыгаар менен айрым кыргыз саясатчылары аны колдогондой да болду. Мындай сєздїн аркасында кандай саясат жатары тууралуу баш оорутуп, ойлонгон киши жок. АКШ номер биринчи террорчу Бен Ладендин єлїмїнєн кийин дїйнєгє болгон саясатын тїп тамырынан єзгєртїїсї да мїмкїн болуп турат. Дїйнєлїк белгилїї мекемелер АКШнын Афганистандагы аракетинен кийин наркотрафиканы кїч менен басаўдатуу мїмкїн эмес экенин айтып, сындап чыгышты. Акыркы бир топ жылдын ичинде наркотика ташуу тескерисинче 35 пайызга чейин жогорлаган. Єткєн жылдагы коогалаўдан кийинки жергебиздеги кєрїнїш Косовадагы сценарий боюнча бара жатканы туралуу маалыматтар пайда боло баштады. 1993-жылы аталган мамлекеттке биздегидей эле болуп Эл аралык комиссиянын иликтєєсї киргизилген. Анын жыйынтыгы да Косовалыктар їчїн кїткєндєй болбой кайгылуу аяктаган. Учурда жергебиздеги єкмєттїк эмес уюмдар Кыргызстанга Эл аралык трибунал єткєрїлїїсїн сунуштаган кайрылууларын сырт жактарга жєнєтїп жатышат. Ош коогалаўын адамзаттык кылмыш катары карашууда. Борбордук Азияда башталчу афган

синдромуна жалгыз Р Россиянын алы келбей калышы тууралуу да пикирлер жок эмес. Буга єткєн жылы республикабыздын тїштїгїндє болгон улуттар аралык кагылышуу мисал болгондой да болду. Президент Отунбаеванын аскердик жардам суроосу канаттандырылган жок. Кытай менен Борбордук Азия мамлекеттери, Россия мамлекетинин ортосунда тїзїлгєн ШКУ башында аскердик максатта тїзїлдї деген менен кийинки мезгилде экономикалык уюм катары кызмат кылып келет. Бул уюм боюнча Россия, Борбордук Азия Республикалары бир пикирде болгон менен Кытай тарап аскердик уюм катары карабайт. Андыктан НАТОнун кийлигишїї зарылчылыгы келип чыгышы мїмкїн. Анын їстїнє Ош коогалаўы Ташкенде ШКУнун жыйын єтїп жаткан учурда чыкканын эске

алсак, АКШ аталган уюмду теўине албагаб ны байкалбай койбойт. АКШнын Борбордук Азияга болгон таасирин жоготуу максатында Россия жакынкы убактардан бери Манастагы аскердик базасын чыгаруу аракетин жергиликтїї саясый кїчтєрдїн колу менен баштаганы да байкалат. Айрым саясатчылар “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик жїк ташуучу борборун єлкєдєн чыгаруу маселесин референдумга алып чыгууну сунушташты. 20 жылдан бери кєп багыттуу тышкы саясат ишке жарабай, эми ким менен болуу керектигин так аныктап алуу мезгили келип жеткен сыяктуу. Бетти даярдаган Назаркул Жоошбаев


5

УК-УК

Тєлєгєн КЕЛДИБАЕВ, «Кыргыз-Ата» партиясынын тєрагасы:

«АТА-МЕКЕНДЕ ТЕКЕБАЕВДИН СЄЗЇН ЭКИ КЫЛБАГАН ИТ КУЙРУКТАР ГАНА ЖЇРЄТ» Мурунку «Ата-Мекен» партиясынын активдїї мїчєсї, Кара-Суу районунун координатору Тєлєгєн Келдибаев, биздин гезитке Сабиров тууралуу кєтєрїлїп аткан маселе жєнїндє кеп салып берди.

- Сабировдун камалышына кандай саясий баа бересиз. Дегеним, Сабиров жєн жерден камалды. Текебаев менен Бабановдун тирешинен Сабиров «садага» чабылды дегендер бар? - Ата-Мекен партиясы єкмєттї кетирїїгє Жогорку Кеўеш тарабынан кол чогултуу убагында эле Бабанов тарабынан Ата-Мекенден дайындалган Министирлерге кысым болоору эл арасына тараган болчу. Орто жолдо Сабиров садага чабылды. Демек, бул Текебаев менен Бабановдун тирешинин курмандыгы деп айтса болот. - Сабировду коргоо комитети тїзїлїптїр, кандай чечим кабыл алды? - Коргоо комитети тїзїлїп єз ишин улантууда жана 11-июлда єткєн митингде ММКлар аркылуу Сабировду жамандоону токтотууну, Кыргыздын ыйык кымбат жерлери Їзєўгї-Куушту, Каркыраны берїїгє макулдук берген мурдагы депуттарды, элге белгилїї коррупционер, ууруларды камоону, Ата-Мекен партиясы ЖаўыАрык элинин кечирим сурашын, Сабиров Жаўы-Арыкта баштаган иштерди Єкмєт аткарышын айтышты. Ушуга чейин ЖаўыАрык элинин 30 пайызы Россия федарациясынын жарандыгын алганын жана аны 15-июлга чейин койгон талаптар аткарылбаса РФ жарандыгын алууну кїчєтєєрїн жазышып, чечим кабыл алып, дїйнєлїк коомчулукка жарыялашты. - Пирматовду камаганда эл кєтєрїлїп, партиялаштары коргоп алды. Ал эми «Ата Мекен» партияла-

шын коргомок тїгїл партиядан чыгарып салды, бул эмнени билдирет? - Пирматовтун канчалык деўгелде кїнєєсї бар экендигин билбейм, бирок АтаМекен партиясы КР баш мыйзамынын 26 –беренесин бузушту. Анда соттолуучу аныкталмайынча эч ким кїнєєлї деп эсептелбейт деп жазылган. Ал эми Текебаев башында турган «атамекенчилер» Сабировду партиянын катарынан чыгардык деп жарыялашты. Чынына келгенде Равшан Сабиров «Ата-Мекен» партиясынын мїчєсї эмес жана партияга єтєм деп арыз да берген эмес экен. Анан кантип партияга мїчє эмес адамды партиядан чыгарат. «Атамекенчилер» Сабировту коргообогону биз тазаланап жатабыз деп єздєрїн эл журтка пияр кылуунун амалы. - Биз билгенден сиз «Ата Мекен» партиясынын катардында элениз, партиядан эмне себептен кеттиўиз? - «Ата-Мекен» эч убакта таза патриотторду колдогон эмес жана колдобойт дагы. Партияда демократия жок їч-тєрт саясатчылары бар ошолордун сєзїн эки кылбаган ит куйруктар гана жїрбєсє, мага окшогондор кетип калышты. 7-апрелге чейин Бакиевдер тарабынан Ошто таяк жеп, чабылган мен жана А.Кангелдиевге окшогондор эки їч жеринен оор операцияларды башыбыздан єткєрдїк. Бир дагы «атамекенчи» акыбалызды сурап койгонго жараган жок. Партиянын ички саясаты ириўдеп кетти. Интрига кїч алып, жеке бир адамдын кызыкчылыгы таўууланып калды. Мурда акыйкат деп элди алдап жїргєн Текебаевдин чын жїзї билинди. Анан кетип калдым. Айрымдарга окшоп кошомат кылып, эптеп эле бир кызматты кучактап отурганга абийирим жол берген жок.

- Мурдагы Ош шаарынын мэри Бакиров «Ак Мєєр» жатаканасын туугандарына менчиктеп, 300дон ашык адам єйсєз калган тура, анын кесепетинен адамдар да каза болуптур дейт. Ушуга токтолуп кетинизчи? - 2012-жылдын 20-июнунан баштап акыйкаттык талап кылып Ош шаарындагы «Ак-Мєєр» жатаканасынын жашоочулары 3 кїн, кїнї-тїнї ысыкка жана жааган жамгырга карабай Ош шаарындагы борбордук аянтта элдер нааразычылыкка чыккан болчу. Алардын кєпчїлїгї «АкМєєр» жатаканасынын жашоочулары "Ош Жибек" бирикмесинин мурунку кызматкерлери 15-20 жыл бою аталган бирикмеде

кызмат єтєшкєн. Кайрылгандардын 30% майыптар, пенсия курагындагы жарандар, жалгыз бой энелер жана аз камсыз болгон їй-бїлєлєр. Алар бул жатаканадан аталган бирикменин уруксаты, багыттамасы менен бєлмє алышкан. Ал жерде жашаган 378 їй-бїлє їй-жайсыз калды. «Ак-Мєєр» жатаканасы мурунку Ош шаарынын мэри Мамасадык Бакировтун жакындарына атилетисиз менчиктештирилип кеткен болчу. Акыйкат издеп ден-соолугуна карабай митингте жїргєн жалгыз бой Азимкан Тєлєнбаева жашаган їйїндє акыйкаттыка жетпей каза болуп калган. Анын качан каза болгонун кошуналары да билбей жатат. Маалыматтарга караганда 10-15 кїн мурун каза болушу мїмкїн.

Алтынай ЄМЇРБЕКОВА, Ленин районунун акими:

“ОШ БАЗАРЫН ОЎДОП ТЇЗЄЄНЇ ЄЗ УБАГЫНДА БЇТЇРЄБЇЗ” - Алтынай эже, Ош базарын оўдоп-тїзєє иштерине токтолсоўуз? - Ош базарын оўдоп тїзєє боюнча Бишкек шаардык мэриясы тарабынан 30.12.2010 жылы чечим чыккан. Чечимге ылайык базардын архитектуралык курулуш жагын, санитардык абалын жакшыртуу ошондой эле жол жїрїїнї, коомдук тартипти жєнгє салууну соода-сатык обьектилерин калыпка салуу максатында атайын план иштелип чыккан. Пландын алгачкы этабы боюнча 2011-жылы Чїй проспектисинин тїндїк тарабы реконструкцияланып 800 обьект ремонттолду. Бїгїнкї кїнї жогорудагы жерде мыйзамсыз соода-сатык (стихийная торговля) токтотулган. Жолдун туурасы кеўейгендиктен жол тыгындары кескин кыскарды. Тротуарлар мурдагыга салыштырмалуу кеўейип, тїнкїсїн жарык берилгендиктен ар кандай тартипсиздик, мыйзам бузуу фактылары тємєндєдї. - Азыркы тапта пландын канчанчы этабы аткарылып жатат? - Учурда пландын экинчи этабы боюнча иш-чаралар башталды. Анда Чїй проспектисинин тїштїк тарабы оўдоптїзєєгє алынат. Ошондой эле Ош базарынын ички субьектилери мыйзамдашытыралат. Дегеним, кайрадан санитар-

дык-эпидемиологиялык инспекциядан єтїшєт. Баса белгилей кетчї нерсе Ош базарындагы башаламандыкты мыйзамсыз соода-сатык кылгандар жаратат. Мыйзамсыз соода кылышып кєчєлєрдї, жол жїрїїнї, дегеле базардын кебетесин бузуп атат. Алардын саткан товарлары

эч кандай санитардык нормаларга жооп бербегендиктен ар кандай ичеги-карын жана башка ооруларга алып келет. Мындан тышкары мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендер базардын ичинде салык тєлєп отургандарын да нааразычылыгын туудуруп жатат. - Бул маселе боюнча кандай чараларды кєрїп атасыздар? - 02.07.2012ж жумушчу топ тарабынан мыйзамсыз соода кылгандар токтотулсун деген билдирїї болгон. Бирок, 5-июль

кїнї мыйзамсыз соода кылган бир катар аялдардын катышуусу менен массалык башаламандык уюштурулуп, жумушчу топко ыўгайсыздык жаратышкан. Анда укук коргоо органдарынын коомдук тартипти бузбоо талабына кайдыгер караган 20 сатуучу кармалган. Административдик материалдар Ленин райондук сотуна єткєзїлїп берилген. Мындан тышакры 05.07.2012-ж саат 9.00 болжол менен 150-200 мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендер кайрадан Киев Бейшаналиева кєчєлєрїнє чогулуп коомдук тартипти бузушкандыктан Ленин райондук ИИБ тарабынан 21 адам кармалган. 100 чукул адам плакаттар менен єкмєт їйїнїн алдына жєнєшкєн. Бейшеналиева Киев кєчєлєрїнїн кесилишиндеги тартип бузууда кармалган жарандардын бешєєнїн иши Ленин райондук сотуна єткєн. Ленин райондук соту К.Омурканов коомдук тартипти бузган 4 жаранга 300 сомдон айып пул салып чечим чыгарып койгон. Ал мыйзам бузуучулардын МП «Тазалыктын» кызматкерлерин урупсоккон фактылар болгон. Тилекке каршы сот бул фактыларды эске алган жок. Жогоруда айтып єткєндєй кыйынчылыктарга карабастан биз єз кызматыбызды кылып, Ош базарын оўдоп тїзєєнї єз убагында бїтїрєбїз. Аида Ишенгулова Июль, 2012-жыл


6

ЧЫР ДЄБЄ

Селекция жаўы конушунун тургуну Текеганов Улан:

“ЧЕРНЫЙЛАРДЫН” БИРИ “КОЛУ, БУТУН ЧААП САЛ”-ДЕГЕНДЕ, ЇЙДЇН ДОКУМЕНТТИН БЕРЕЙИН ДЕДИМ” - Улан айтсаў. Селекцияда жашаган їйїўєрдї “черныйларга” алдырып жиберген турбайсыўарбы? Окуя кандайча болду? - Апам “Жаўы Мезгил” партиясында жїрчї. Мен ага кєўїл бурчу деле эмесмин. Апам бир кїнї айтып калды. Мага телефонума жалгыз балаўдын ємїрїн ойло. Айнагїл эсептешип кет-деген билдирїї келиптир-деди. Оюума деле эч нерсе алган жокмун. Эртеси эле Балыкчы шаарына єзї тааныган топ башчы Мокен, Тотон, Акай дагы бир їч, тєрт чоочун бала менен келет. - Апаў Балыкчыда турчу беле? - Апам кєзї кєрбєгєн таекемди карап Балыкчыда турчу. Анан алар їйгє кирип барышканда жээним Жумагїл мага чалайын дегенде телефонду колдон жулуп алышып, симка, батерейкасын алып алышат. Ошентип апабызды кїч менен машинага салып алып кетишет. - Окуя кїндїз эле болду беле? - Бул окуя 2010-жылы август айында болгон. Кїндїз эрте мененки саат ондо болгон окуя. - Алар кайсыл жердин топ башчылары болгон? - Манас аэропортуна жакын жайланышкан Карл Маркс деген айылдан берилген жердин топ башчылары болушкан. Апабызды салып алышып Токмокко жакын калганда ээн талаадан кара Мерс машина тосуп алат. Єздєрїн “черныйбыз” деп тааныштырышкан балдар апабызды терезеден карашып, “аял киши турбайбы”-дейт. Анда ар жакта турган топ башчылардын бирєєсї “мунун баласы анын машинасы, їйї бар”- дейт. “Черныймын” деп тааныштырган бала расписка жаздырып алууну буйруйт. Ошол жерден “балаўды, келиниўди, їч баласы менен кєємп коебуз” -дешип, коркуткан сєздєрдї айта башташат. Колуна барак, ручка беришип расписка жаздырып алышат. - Апаўар Рыскїл болгон окуяны силерге айтты беле? Расписканы канча суммага жаздырышат? - Апабыз аны бизге айтпайт. Тогуз жїз миў сомго жаздырышат. Апабызды шаарга алып келишип, таштап кетишет. Кїндєрдїн бир кїнї мага Тайсан атту бирєє “мен Эдигеевдин инилери болом”- деп, номуру жашыруун телефондон чалды. Ал киши да “черныйлардан” экен. “Апаў карыз турбайбы? Ошол акчаны тєлєп бер”- деп коркутканда мен партияда топ башчылар менен чогу иштеген, мен билбейм, ошолор менен териштирип ал, мага тийишпе деп катуу эле айттым. Ошол боюнча жок болуп кеткен. Бир кїнї Тотон деген чалып, “Умар жолугалы, баягы апаўдын карыздары боюнча” -дегенде Тотон байке чогу эле жїрбєдїўєр беле. Єзїўєрчє бухгалтери менен чогуу териштирип албайсыўарбы дедим. - Тотонду таанычу белеў? - Таанычумун. Апам менен чогу иштеген топ башчы. “Келчи сїйлєшєлї”-дегенде, мен эч кандай оюум жок, эч кимге айтпастан, телефонду алып, куртканы кийип алып жєнєдїм. Жолдо келе жатып Тотон байкеге Чыгыш автовакзалдын мечитине келиўиз-дедим. Мечиттен намаз окуп чыксам їч машина кїтїп туруптур. Тотон байке балдарды эмнеге аралаштырып жатасыз? Єзїўєр партия менен чечишип Июль, 2012-жыл

албайсыўарбы? Менин эч кимге аласам, бересем жок дедим. “Келсеў машинага отурсаў. Биз менен эми сїйлєшпєй эле кой. Болгон окуянын баарын бул балдарга айтып бер”-деди. Мен аларга болгонун болгондой айтып бердим. Менин апам партияда катчы болгонун да айттым. Анан алар мага катуу мамиле кыла баштаганда телефонду алып бирєєлєргє чалайын десем, телефонду жулуп алышып, батерейкасын чыгарып, тартып алышты да машинаны айдап жєнєштї. - Кай тарапты кєздєй жєнєштї? - Ленин райондук сотуна алдына алып келишти да “черныйбыз” дегендердин экєєсї машинадан тїшїп кетип, экєєсї эки жагымдан кармап отурушту. Качып кетейин десем, мїмкїнчїлїк болгон жок. - Минген машинелери, номуру байкап калдыў беле? - “Субару” деген кара машине. Эки “черный” шефтерине жолуккандай эле кайра чыгышты да аэропорттун трассасына чыгышты. Ылдый кєздєй жїрїп отурушуп “Ат Башы” каналынын жээгине келип токтошту. Баары 15 тей киши. Машинадан тїшїрїшїп. “Сен тєлєп бересиўби”-дешти. Їйїмдєн башка эч нерсем жок, тєлєбєйм дедим. Анан мени ур токмокко ала башташты. Тиги топ башы байкелерге мени да сурайт турган киши бар, сабатпагыла дедим. Укук коргоо кызматкерлерине кайрылам деген їмїт бар болчу. - Топ башылар єздєрї тийген жокпу? - Бирєєсї жаака чапты. Ошенттип жарым саатча тепкилешти. Улам турам, жыгылам, кайра тепкилешет. Акырында тура албай калдым. “Ошол кезде бири монтировка алып кел”-деди. Бирєєсї машиненин аркасын ачып монтировка алып келди. Бирєєсї “Їйдїн документтин бербейм деп жатат. Колу, бутун чаап сал”-деди. Жан таттуу экен. Їй бїлємдї, чийедей балдарымды ойлоп, берем дегенге аргасыз болдум. Менин сєзїмдєн кийин чапканды токтотушту. Кайра машинага салып шаарга келишип, кечки тогузга чейин алып жїрїштї. Тотондун иниси Мокин дегендин їйїнїн жанына токтошту. Ага чейин май куйганга акчалары жок болуп жаткан. Тотондун баласы ичинде бар экенин билген эмесмин. Ал да “черныйлар” менен экен. Ал кара кийим кийип жїргєн. Ал кетип 20 мїнєттєн кийин акча алып келди. Машинанын сыртын карасам, Тотондун баласы Тайсонго ыраазычылыгын билдирип, ырахматын айтып, кучактап жатыптыр. Келинчегим кайнатанын їйїндє болчу. Мени ошол жакка алып барышты. Тигилердин телефону менен келинчегиме чалып, їйдїн документи менен участокту сатып алганда саткан киши акча алдым деп берген расписканы алып чыгып берїїсїн сурандым. Мени машинеден тїшїрїшкєн жок. Келинчегим документти алып чыгып берди. Тайсон келинчегимден документтерди алып келди. Мени кайрадан биз жер алган Бакыт деген балага алып барышты. Жер Бакыттын эжесинин наамында болгондуктан Расписка анын эжесинин наамында болчу. Бакыт менин токмоктолгон абалымды кєрдї. Бети, башым кан, кєздєрїм кєк ала болчу. Бакытка “мына документти алып келдик. Эртеў жолугабыз” –дешип, макулдашып алышкандан кийин мени нотариус аркылу расписка жаздырыш їчїн Ахунбаева-Белинскийге алып келишип, нотариуска кирип кайра чыгышып, “он пайызын сурап жатат. Миллион-

го жазсак он пайызын ал алса, болбойт”экен дешип сїйлєшїп жатышты. Анан кийин Баха кєчєсїнє чыгышып, Опшерон кафесинин жанына мени таштап кетишти. - Эртеси сени арызданат же качып кетет дешип чоочулашкан жокпу? - Таштабай бир жерге кармап туралы дешти, бирок, кармаганга їй таппай коюушту. Ошол жерден такси тосуп Селекциядагы їйгє келип кулап тїшїп, эрте менен тура албай калдым. Келинчегим кайнатаныкында, їйдє эч ким жок болчу. Телефондун симкалары жок эч жакка чала албайм. Эрте менен келинчегим менен карындашым келишип машинага салышып тигилерден мени жашырыш керек болуп калды. Бажамдын їйїнє алып барышып жашырышты. - Органдарга кайрылган жоксуўарбы? - Ошол кїндєрї корктук. Кийин Сокулук милициясына арыз менен кайрылдык. - Окуя болгондон канча кїндєн кийин кайрылдыўар? - 20 кїн єткєндєн кийин 30 -декабрда арыз жазсак милициялар келишип, тегеректеги кошуналардан тїшїнїк алышты. Мен судмедэкспертизадан єттїм. Кабыргаларамдын сынганы аныкталды. Ошол кїндєрї “черныйлар” їйдї сатабыз дешип, ачык эле реклама берип жїрїштї. Ош базарынан берип жатышты. Бакыт Байгараев деген тергєєчї милицияга кїндє чалып сурасак, “мына кармайбыз” -деп коет. Кийин айла кеткенде Сокулуктун прокуратурасына арыз бердик. Ал жактан да тыянак чык-

пай койгондон кийин ГУУРга кайрылдык. Анан алар биздин райондогу ишти ГУУРга алдырышты. Ошондон бери ГУУРга кїнїгє келебиз. “їйїўєрдї арестке коюуп койдук, эч ким сата албайт”- дешкен. - Черныйлар їйдї сатабыз дешип ачык эле келип жїрїштї деп жатасыў. Ошол кїндєрї милицияларга чалган жоксуўарбы? - Алар їйгє бир ирет келишкенде келинчегим Салават аттуу участкалык милицияга чалат. Анан ал башка тергєєчїлєрдї кошпостон єзї келип, тигилердин їчєєсїн кармап салып кетет. Тигилерди тїшїнїк алып кайра кое бериптир. “Черныйлар” “3-ноябрда їйдї бошотуп койгула”- дешип келишкенде, эў башчыўар келсин мен карыз экенимди далилдесин деп койгом. Келинчегим арыз жазганы милицияга ГОМГо колдогу баласы менен барып їстєлгє отура калса, сынык экен жыгылып кетиптир. Анан кийин Тайсон деген “черный” “сен милицияга барып, єлїмїш болуп калптан эле жыгылып”- деп айтыптыр. Алар милициялар менен чогу болбосо ошол окуяны кимден укмак эле. Дагы бир кїнї участкалык милициядан Азамат деген Кызыл “китебиўер табылды”- дешип чакырышты. Кайра бир аз єтїп “келбей эле койгула”-дейт. Биз ага макул болбой шашылып машине таап ГОМго барсак баягы “черныйлар”, топ башылар ошол жактан чыгып келе жатышыптыр. Укук коргоо кызматкерлери “Тайсонду кармалды, ал єзї баарын ыр кылып айтып берет”- дешкен. Ал деле кайра чыгып кетип, ушу кїнгє чейин таппай атышат. А. Бостон


7

ШИРИН “КЫЗЫБЫЗ” КАНТЕТ ЫЯ?..

Жогорку Кеўештин депутаты Ширин АЙТМАТОВА:

"МЕН ТАЎ КАЛЫШТУУ ДЕПУТАТМЫН ГО, ЭЭ?" дайын болду. Арбак жамандап барбасын Чынгыз агабыз учурунда эне тили болгон кыргыз тилин їйрєтпєсо да, кыргыз кызына тийешелїї адеп-ахлакты бир, эки ооз айтып койсо болмок экен. Ширин айым мен кыргызча тїшїнєм. Бирок тилим бурулуп тургандыктан, сїйлєгєндєн тартынам-дейт. Кыргыз кызы болуп туруп кыргыз тилин билбесе, депутаттык мандат эле керек го деген ой да келбей койбойт. Шириндин тээ секелек кыз кезинде эле Европада жїргєндє бир Алжир баланы єзїм билемдик менен ээрчип кетип калып, атасы издеп жїрїп таап келгендиги тууралуу азыр да аны билгендер оозунда айтылып жїрєт. Кыргызда кызга кырк жерден тыюуу делет эмеспи. Деги эле жеке Ширин айым эмес Айтматовдун балдар, кыздарынын улуттук салтты тебелеп-тепсеген жоруктары тууралуу коомчулукта ар кандай сєздєр жок эмес. Аскар Айтматов Тышкы Иштер Министри болуп турганда їлкєн чиновниктер менен Соў Кєлгє эс алганы барышып, ичимдиктен карк тоюп алып, дасторконду ары бери аттап, жанындагыларды жїдєткєнї тууралуу да сєздєр ээрчип келет. Кумтєр маселеси кєтєрїлгєндєн бери Жокеде Элдар Айтматовдун аты кайрадан айтыла баштачу болду. Чыгаан депутат Ширин кыздын кызыктуу кылыгын барактап бїтїш кыйын эле болуп калды. Айтор, Ємїрбек Текебаевдин аркасы менен саясатка кадам таштаганы маалым. Атактуу адамдын кызы келип, партияга мїчє болоюн десе Ємїкеў да кантип кой десин. Эл журт деле Ширин Айтматова ЖКга депутат болуп келгенде кєптї кїткєндой болгон. Кыйнчылыкты кєрбєсє да кыйналып жаткан кыргыз журтуна салым кошушун кїткєн. Бир кезде ыраматылык Дооронбек Садырбаев таланттуу диктор Сатыбалды Жээнбековду колунан жетелеп, депутат кылып отургузган сыяктуу Ємїрбек Чиркешович да Ширин Чынгызовнаны колунан жетелеп келип, ЖКнын

залына киргизгени калыў журтчулугубузга белгилїї. Кантсе да белгилїї адамдын кызы эмеспи, элибиздин бели бекчейип, кєзї чекчейип турганда сыртагы тажрыйбасын колдонуп, мамлекетибиздин оўолуусуна салымын кошоор десе керек. Тилекке каршы Ширин айым мыйзам чыгаруу жагынан башка депутаттардан айырмаланбаган менен Гейлерди колдоп, накта европанын “маданиятын” алганын тастыктап койду. Унаасына толтура «резина» салып, ЖоКеге кечигип келгенин айтпай эле коелу. Шириндин мындай аракетинен улам кыргыз кызына тийешелїї сапаттардан таптакыр кур жалак экени калайык калкыбызга

аайым Ыргал Кыдыралиева еврейлерди Айтматовдор Кумтєрр ггє алып келгендиги тууралуу ссєздєрдїн чыгып жатышынан уулам Ширин сєз угууга да аргассыз болду. Элдар мырза Кумтєрдї алып келїїгє аралашканы аз д келгенсип, атактуу адамдын бак ласы катары їлгї кєрсєткєндїн л ордуна кєп аял алуу жагынан ало дына эркек тааналарды чыгарчуд дай эмес. Кезинде Акаев Кумтєрд дї алып келгени їчїн ыраазычыд лык иретиндеби айтор, Чынгыз л Тєрєкуловичке азыр тїрктєр Т отурган Вета Сторестин имарао ттын болгону 50 миў сомго суулап жибергени маалым. Учурда Айтж матовдун балдары ал соода тїйїм нїндє їлїш алып турары тууран луу да маалыматтар чыгып кел лет. Элдар мырза Вета Сторесл

тен тїшкєн бекер акчага катын алып жыргап жїрсє да керек. Эмики маселе Ширин “кызыбыз” Ємїкенин Жокеге алып келген эмгегин актагандын ордуна єзїнїн жїрїш турушу менен анын бетине жугунду куюп бїт-

алдык. Чыўгыз Айтматовдун жеке кымбат баалуу “Ягуар” унаасын жакында музейге коелу. Эл эскерип турсун десе, Ширин менен Элдар уулу каршы чыгып, капчыгын калыўдатуу максатында унааны сатам деп атышыптыр. Улуу

мєй болду. У Учурда б бул кызыбыз йб б тууралуу Жокеде кїдїў-кїдїў кептер кєп. Жаўыдан депутаттыкка келгенде єзїнїн сайтына ак їйдєгї ыбыш-шыбыш кептерден, майда-чїйдє жаўылыктардан бери илип, элдин кєўїлїн єзїнє буруп эсте калганы да бар. Убактылуу президент айым Роза Отунбаева да Ширин Ак їйдїн дубалындагы сїрєттєрдєн бери сайтына иле берет экен –деп, учкай айтканы коомчулуктун эсинде. Учурда єзїнїн башкаларга окшобогон жїрїш-турушу, кыялы, кыргыз кызына дал келбеген кийингени менен Жокеде кєзгє кєрїнїп атат дешет. Анысына деле мейли дейт элек. Ширин айым чет мамлекеттерде бардар жерлерде иштеп, айлык маянадан деле кем карчы болбосо деле керек. ЖКдагы депутаттык мандатына таянып мамлекеттик їйдє

инсаныбыздын буюму сатылбай, музейде турса жакшы болбойт беле, атиў десеў! Ансыз да атактуу атуулдун атын, Айтматов деген наамга кєп сын, наалат айттырды. Бир учурда дал ушул Ширин айым атасы Айтматов тууралуу ал киши мамлекеттин, элдин кишиси мамлекет кам кєрїшї керек дегендей сєз айтканы да таў калтырган эле. Кийинки учурда Чынгыз Айтматовдун басыла элек бир топ кол жазмалары табылганы, автордук укукту Казакстанга сатып жиберишкендиги тууралуу да сєздєр пайда болуп келет. Кайсы бир журналист сиз кандай депутатсыз деген суроосуна Таў калыштуу депутатмын го ээ? -деп жооп берген сыяктуу Ширин айым таў калтырып келет. Ширин демцекчи, кээде туруп Шириндин факемилиясын да атагын келбей ке

жашап жатканы да эл арасында єйдє -ылдый пикирлерди жаратууда. Эми дагы бир сынга алаарлык жоругун угуп, кейип

тет, Ширин Айт… деп келип тилиўди чайнап каласыў. Айткыў келбейт. Самара Саламатова Июль, 2012-жыл


8

КИНО К

Ємїрзак ТЄЛЄБЕКОВ:

«ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА БОМЖду" ЇЙЇМДЇ, МАШИНЕМДИ САТЫП ТАРТТЫМ» Кыргызстандын ыргызста кинотеарларында аншлаг но менен жїрїп жаткан «Президент жана БОМЖ» аттуу кинонун сценарийин жазган Ємїрзак Тєлєбеков менен маек.

- Кинонун жаралуу тарыхына кайрылсаўыз? - Б ул 2 0 0 0 - ж ы л ы А к Б а та журналына чыккан повесть, 1999-жылы жазылган. Журналга «Коўгуроо кагылып атат» деген ат менен чыккан. Кийин «Деньги» деген повесть болуп чыккан. 2000-жылы Замир Эралиев деген режиссёр мен буга кино тартам деп чыкты. Макул деп беш жыл аны кїттїм, кино тартылган жок. Ошону менен 2005-2006-жылдары «Акча» деген ат менен кино тартсамбы деп ниеттенип калдым. 20-30 миў долларым бар десем 100 миў долларсыз кино тартылбайт деп калышканынан убакыт єтїп кетти. Жакшы кино болуш керек, турмушту камтыш керек. А турмушта саясат жок болуп атат, саясатты да камтысамбы деп Президентти коштум. Президентти кошкондон кийин ага контраст кылып БОМЖду алып чыктым. Ошону менен «Президент жана БОМЖ» деген ат менен чыгарманы кайра жазып чыктым. Мындан бир жыл мурун саясий жагы Жаўылык деген гезитке жазылган. Былтыр бул чыгарма гезитке чыкканда Президент Отунбаева болчу. Атамбаев, Акаев, Бакиев эмес, андан єйдєрєєк, негизи эле Президент кандай болуш керек. Байлык, бийликке алдырбаган адабий каарман. Чыгарманы жазып алып, аны кино кылып тартыш чоў маселе болуп атты. Депутаттарга кайрылып жардам бергиле дедим. Эч кимиси «банкрот» болосуў деп жардам беришкен жок. Їйдї, дачамды сатып, машинемди кїрєєгє коюп атып бул кинону тартып алдым. Нариман Тюлеев болсо киного башкы демєєрчї болду. - Нариман Тулеев кинонун айынан тїрмєгє отурдудеген пикирлер айтылып жатат?.. - Нариман Тулеев кинону кєргєн жок, жада калса сценарийин да окуган жок. Кинонун жїрїшїнє келгенде оўой жактарын тартып бїттїм, эми мага Президенттин машинеси, їйї керек болуп атат, їйїўдї, машинеўди арендага берчи? – десем, макул болуп акысыз їйїн, машинесин, кабинетин берди. Бул да чоў жардам болду. Мен киного баары биригип 50 миў доллар кетирсем, ага кошумча дагы 20-30 миў доллар Президенттин їйїнє, машинесине жана кабинетине кетирмекмин. Кинодо 24 кїн ичи аншлаг болуп атат. Ушул кїндє эле кино Июль, 2012-жыл

єзїн-єзї актап берди. Бул деген элдин баасы. Аналитиктердин айтымында элдер дагы деле киного келе беришет. 135 миў киши кєрїптїр. Казактар биздин он миллион долларга тарткан кинодон кыргыздын 50 миў долларга тарткан киносу кыйла єйдє экен деп айтышты. - Кино тартууда кыйналган учуруўуз? - Мен їчїн «Президент жана БОМЖ» деген ат менен кино тартуунун єзї оор болду. Башында Ак їйдєгїлєргє, «Эгер силер бут тоссоўор, мен Москвадан барып эле тартам», - дедим. Чынында Кыргызстандан бул кинону тарттырышпайт, Казакстан же Россиядан тартам го деп ойлогом. МАИлердин машинесин, СИЗОго кириш кыйынчылыкка турду. - Кинону Президент кєрдїбї? - Жардамчылары мага «Президент кинотеатрга барганга болбойт экен, єзїнчє кєрсєтєлї», - дешти. Мен макулдугумду бердим. Буюрса жакында кєрєт болуш керек. - Нефть боюнча катуу тийишиптирсиз. Нефть тармагында иш алып барган министрлер кысым кєрсєткєн жокпу? - Мен буларга башында эле, «Мен Москвада окугам, ал жакта иштегем, досторум Кремлде отурат. Кєчєдє калган кыргыз эмесмин. Баарын мыйзамдын негизинде жїргїзєм» - дегем. Бул Бабанов премьер-министр боло электе жазылган. Анын тегерегиндегилер, «Премьер-министр кєкїрєгїн каккылап экономика жакшырды деп атса, силер мындай кинону тартасыўар», - деп айтышты. «Бабанов премьер-министр болгонуна бир жыл боло элек. Бул кинонун сценарийи бир жыл мурда жазылган, убактылуу эмес. Кайсы бир Президентке же Премьер-министрге багытталган кино эмес. - Актёрлордун кимисинин аткарганы сизди канааттандырды? - Актёрлорго ыраазымын. Алматыдан Казакфильмдин жетекчилиги, прокатчылардын жетекчилери кєрїп, биздин актёрлордун кїчтїїлїгїнє таў калышты. Аябай ыраазы болушту. Президенттин ролун ийине жеткирип аткарган Марат Алышпаев, бизнесмендин ролун аткарган Аскат Сулаймановдордун ролдору менин эле эмес кєрїїчїнї да канааттандырбай койбосо керек. Биз бул кинону бери дегенде 10 мамлекетке кєрсєткєнї турабыз, ошондо Аскат бизди уят кылбайт. Кыргыздын актёрлорунун мык-

тылыгын дагы бир жолу даўазалайт. Бопуш БОМЖдун ролун мыкты аткарды, Нурлан Салахидинов Жапардын ролун мыкты ойноп берди. Кино Бишкектин четиндеги Чокморов айылында тартылды. - К а з а к т а р п р ока т ка алышты деп аттыўы з эле... - Казактар кааласаўар 50 пайыз сиздики, їйїўїздї саткан турбайсызбы, кааласаўыз Казакстандын борборунан 2 бєлмєлїї їй берели дешти. Мен ага макул болдум. Мага андай їй бербей туруп жєн эле кєрсєтєбїз десе да макул болмокмун. Кыргыздын киносу казактардын кинотеаррында жїрїшї мен їчїн чоў сыймык. - Їйїўїздї сатып, батирде турасызбы? - Батирде туруп атам. Эми бир жуманын ичинде їй алам деп турам. Экинчиден Алматыдан їй берип атышат. Мисалы, Айтматов Москвада андан кийин Белгияда жашады. Чыгармачыл кишиге, Алматыда, Москвада, Парижде бир їйїў болсо жакшы го деп ойлойм. Москвичтерге Москвадан эки бєлмєлїї їй бергиле деп атам. Француздарга дагы Парижден эки бєлмєлїї їй бергиле дедим. Андан кийин дагы кинолорду тартам деп атам. Кудай буюрса беш жыл катары менен мыкты деўгээлдеги кинолорду тартам деген планда турам. Кинолордун сценарийин жалаў єзїм жазган чыгармалардан алам. Биздин киного 50 пайыздан кєбї кырктан алтымыш жашка чейинки адамдар барды. Мен ушундай чоў кєрїїчїлєрдї жоготпоюн деп «Алтын таажы» деген чыгармамдын сценарийи бар эле, экинчи киномду ошол чыгармамдан баштасамбы деп турам. - Кинону тартууга канча убакыт кетти? - Бир ай артисттер менен кошо убакытын, тарта турган жерлерди тактадык. Апрелден баштап майдын он бешине чейин тарттык. Андан кийин бир ай їн кошуу жана монтажга кетти. - Маданият министрлигинин єкїлдєрї кандай пикирин айтып жатышат? - Маданият министрлигинен мага ыраазычылыгын айтышты. Чет єлкєгє прокатка уруксаат деген кїбєлїк керек экен. Бул кино Кыргызстандан биринчи прокатка кете турган кино болуп атат. Бирок кино тартканда эч кимиси жардам берген жок. А тїгїл Кыргыз киносунан бардык аппаратураларды арендага алдык. Сабира Жаныбекова


9

ШОУ ТАЛААСЫНДА

ЫРЧЫЛАРДЫН КЛИПТЕРИНДЕГИ КАЛДАЙГАН КАТАЛАР Телевизордон оркестрдин коштоосунда ырдап аткан ырчыны кєрїп алып: «ээ атаўдын арбайы десе, карасаў эми бир ырды ырдаш їчїн канча киши убара. Ата-бабаларыбыздан бери бир ырды бир эле киши комузду колуна алып, ырдап койчу эмес беле. Эми болсо минтип ырынан даўкылдак-дїўкїлдєгї кєп», - деп бизди кїлдїрїп, єзї да кїлгєн ємїр бою чабан болуп иштеп, мал аркасында жїрїп єткєн раматылык Аралбай аттуу абам бар эле. Ошол абамдын сєзїн эстеп олтурганымдын себеби бїгїнкї ырчыларыбыздын ырдаган ырынан калбасы кєп экендиги. Ал айткандай улуу заркарлар, аталарыбыз Токтогулду, Тоголок Молдону, Осмонкулду, Барпыны, Атайды, Мусаны жана башкаларды айтып аоыс барбайын, кечээ эле єлбєс-єчпєс ырларды жаратышкан Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Жолдошбек Мамажанов, Тїгєлбай Казаков, Токон Эшпаев, Бабаравшан Тургунбаев сыяктуу агаларыбызды алалы. Бир эле аккордеондун коштоосунда эмне деген сонун ырларды жаратышкан. Бїгїнкї кїндє жерге тїшкїсї келбеген жылдыздарыбыздын кєпчїлїгї да алардын ырларын ар кандай нукка салып ырдап жылдыз аталып келишет. Эки жыл мурун ырдалып чыгып, бїгїн эч кимдин эсинде калбаган ырлар бар. Ал эми жогоруда айткан агаларымдын «Издейм сени», «Жолугарым биргемин», «Жамгыр тєктї», «Туулган жер» деген ж.б. ырларын биздин балдарыбыздын балдары да ырдашат деп ишенем.

БИР КЛИП ТАРТЫШ ЇЧЇН 10 МИЎ ДОЛЛАР КОРОТУШАТ ЭКЕН

Азыр бир ырга клип тартыш їчїн он миўдеген доллар каражат коротушат экен. А ырларынын мааниси кєўїл жылытаарлык эмес. Кээде дем алыш кїндєрї Арноо концертин жана Ала-Тоо таўшыйт кєрсєтїїлєрїн кєрїп калган учурлар бар. Бир жолу Арноо концертин кєрїп отурсам ырчы карындашым Бактыгїл Бадыева ырдап, ырына кошуп клибин кєргєзїп калды. Анан ошол клибинин бурчуна «Бул клип Малайзияда тартылды, отуз миў доллар каражат кетти», - деп жазып кыстарып койгонду да унутпаптыр. Кайсы жерде канча каражат кеткенин мактанып эмне кылышат билбейм. Мындай кєрїнїш карапайым элдин кыжырын гана келтирет деп ойлойм.

КЫЗ МЕНЕН ЧОГУУ ЭЛЕ ТРОЛЛЕЙБУСТАН ТЇШСЄ БОЛМОК Узун кулак

Дагы бир ырчы иним (аты жєнїн билбейт экем) «Сен тїшкєн аялдамадан мен да тїштїм» деп ырдап атат. Ал эми клибинде болсо єзї кымбат баалуу мерседесте баратат. Ырдаган ырынын сєзїнє жараша автобуста же троллейбуста баратып сїйгєн кызы тїшкєн аялдамадан тїшїп ырдаса жарашмак. Ырлары купулга толбогону менен, клиптеринин дымагы чоў. Биздин кєпчїлїк ырчылардын максаты ырды уккулуктуу кылып элге жеткирїї эмес эле, байлыгын кєргєзгїсї келгендей таасир калтырат. Албетте азыркы жаш ырчылардын баары эле ушундай дегенден алысмын. Ар бир ырды жупуну жол менен ырдап элдин жїрєгїнє жеткирип, кєўїл эриткен жаш ырчыларыбыз да бар. Бирок алар саналуу гана санда.

чыккан клиптерди карап отуруп єткєндє «Кеўеш» тобунун «Ханышам» ырына тарткан клибине кєзїм тїшїп калды. Ал жакта клип эмей эле кино болуп калыптыр. Клибинин баш-аягы жок чаржайыт. Аны жєн киши тїшїнє алгыдай эмес. Сюжеттїї клип экен бирок сюжети эмнени айтып, актёрлор эмнеге мушташып атканын тїшїнбєйсїў.

дын кийимдерин кийип ырдап жїрчї эле, акыркы убактарда стили Каныкейдикине окшоп, тїшїнїксїз болуп баратат. Гїлзада єзнїн мурунку жїзїн жоготту десек да болот. Анын азыркы кебетесин кєрїп кээ бир адамдар єзїн жоготуп койбосо болду деп чочулайм. Кыздар мода деп эле жарашпаган нерселерди чаптап алышканын токтотсо. Андан кєрє Гїлзада карындашым, мурунку стилинде эле келип, муруўкудай эле ырда дейт элем. Мына ушул Гїлзаданын акыркы «Жаз» деген ырынын клиби жєнїндє сєз кылгым келип турат. Аталган клиптин аталышы «Жаз» экен, Гїлзада мезгилдерди айырмалай албай калганбы же башка себеп болгонбу жаз эмес эле жайдын кап ортосунда тартылган клип экен. Айта кетчї дагы бир нерсе, ырдын сєздєрї да анча угулбайт. Ал эми їнїнє келе турган болсок, Каныкейдин їнїн туурап алыптыр. Каныкей эмес эле, єзїнїн жакшы їнї турса, башканы туурап эмне кылат?..

ГЇЛЗАДА ЄЗЇН ЖОГОТУП КОЙДУ

КЕЎЕШ ТОБУНУН «ХАНЫШАМ» ЫРЫНЫН КЛИБИНИН ТЇШЇНБЄЙСЇЎ

Ушундай эле биринин артынан бири

НУРЛАН НАСИП МЕНЕН АСЕЛЯ КАДЫРБЕКОВАНЫН СЇЙЇЇСЇ БЇТЇПТЇР

Кыздардын жїрєгїнїн кылдарын черткилеген, карындаштарына тийишип ырдаган Токтогулдун торгою Нурлан Насип менен НБТ каналында мурун эмгектенип жїрїп, кийин шоу бизнеске аралашып, ырчылыкты аркалап бараткан ырчы кыз Аселя Кадырбекованын сїйїїсї жєнїндє шоу бизнестин єкїлдєрїнїн арасында кєп эле сєздєр жїрїп, аларды кєп учурда бирге кєргєндєр бар. Бирок, акыркы учурларда Аселя Кадырбекова Нурлан Насип менен эмес башка бир ырчы жигит менен сїйлєшїп жїргєндїгї жєнїндє кулагыбыз чалып калды. Ал ырчы жигиттин атын атабай эле коёлу бирок, кичине маалымат берип кетпесек болбойт. Жазында жааган жамгырды ырдап, жашоосу бал ширин болгон, шоу бизнестеги бир эмес эки кызы бирдей сїйїп жїрїп, арык чырайына баш кошкон жигит.

Гїлзада Рыскулова деген ырчы кыз бар. Мурун Жалал-Абадда Акмат Бакиевдин атайын тобунда Гїлзина Мамаевалар менен кошо ырдап жїргєн. Анан алар бийликтен кеткенден кийин эле шаарга келип, бул жактан єзїнїн їнї менен элге таанылып кетти. Єзїн «Мен кыргыздын кызымын» деп кыргыздын кызы экенин даўазалап, жїрєт. Анан калс�� єўї дагы нукура кыргыз кызындай, кара тору жакшынакай. Гїлзаданын їнї жакшы, бирок кемчилиги да бар. Мурун жакшынакай эле кыргыз-

КАНАТ КУЛТАЕВ МЕНЕН ГЇЛЖИГИТ ИШТЕШПЕЙ КАЛЫПТЫР, - ДЕЙТ

Белгилїї продюсер Канат Култаев менен «Евразия жылдызынын» жеўїїчїсї Гїлжигит Калыков учурда иштешпей калыптыр деген кептер жїрїїдє. Экєєнїн ортосун кайсы кара мышык аралаганын билбейбиз, бирок бизге жеткен маалыматтарга караганда, Гїлжигит «Евразия жылдызы» сынагынан кийин єзїнїн кїчїнє катуу ишенип алыптыр. Султан Садыралиев менен Мирбек Иманбековдор да бир учурда «жылдыз» болуп алгандан кийин аларды таптап, ыр дїйнєсїнє, шоу бизнеске аралаштырып. Ашканасын тааныткан продюсерлеринин атын унутуп, ары карап кетип алышып, эми бир кєрїнїп, бир кєрїнбєй жїрїшпєйбї. Гїлжигит да ошондой болуп, казды туурайм деп, карганын буту сыныптыр болбосо эле болду. Кутман Тойчу Июль, 2012-жыл


10

ШОУ ЖАЎЫЛЫК АЛТЫН МЫРЗА КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

Радиодон кубулжуган їнї укканда кыздар кулак тїрє калган ди-джей Алтын Мырза Россияга кеткен эле. Россиядан чыгармачылыгын єркїндєтїп, кыргыз журналистикасына жаўы єзгєрїїлєрдї киргизем деген кыязда кеткен. Эми буюрса Кыргызстанга аманэсен келип алыптыр. Жакынкы арада журналистиканын дагы бир багытынан кєрїп калсак керек.

АРСЕН КЫЗ ИЗДЕП ЖАТАТ

ГЇЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВА “САГЫНАМ” АТТУУ ЫР ЖАЗДЫ

Жайында элдин баары эс алып жїрсє, Арсен мырза чыгармачылыктын їстїнєн кату иштеп жаткан кези. «Жарадар жїрєк» аттуу ырына клип тартып бїтїп, эми дагы жаўы ырлары жана клиптеринин їстїнєн иштеп жатат. Арсен «Бир сендей» аттуу ырына клип тартыш їчїн татынакай кыз издеп жаткан чагы. Клипти кереметїї Ысык-Кєлдєн тартышат.

Ырчы Гїлзинат Суранчиева Сагынам аттуу ыр жазды. Ал ыры азыр бардык радиолордо хит болуп атта. “Акыркы учурларда менин айлнамдагылардын кєбї эле бири-юбирин сагынып жїргєндєр экен. Анан дагы менин репертуарымда бардыктематикадагы ырлар бар экен, бир гана сагынуу жєнїндє ырдабаптырмын”, - дейт Гїлзинат. Жакында болсо Айя Садырова менен бирге тарткан клиби жарык кєрєт.

БАКТЫГЇЛ БАДЫЕВА КОНЦЕРТ БЕРЕТ

Ырчы кыз Бактыгїл Бадиева сулуулук салонун ачканын билебиз. Сулуулук менен алпурушуп жїрїп досу жок калган окшойт. Бир сайтка досторум жок деп маек куруптур. Баса, кїзїндє жеке концертин берїїнї пландап жатыптыр. Чыгармачылыктан бир аз алыстай тїшкєнїмдїн себеби - жеке бизнесиме байланыштуу. Чынында, бизнес бул — кичинекей наристе сыяктуу болот экен. Аны єстїрїп, бутуна тургузуп дегендей. Буюрса, 1,5 жашка чыгып калды, там-туў басып, тили чыгып калды десем болот. Эми чыгармачылыкты колго алып баштадым. Жаўы ырларды жаздырып жатабыз, «Прости» деп аталган орус тилиндеги ырыма клип тарттырсамбы деген ойлорум бар. Ошондой эле, кїзїндє жеке концерт берсемби деп ниет кылуудамын, азырынча Кудайдын буйругу деп туралы, - дейт ырчы.

ДАН БАЛАН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ

НБТ каналынын Редактор-режиссёру Мирлан Муратов Рамазан айынын бїтїшї менен Дан Баланды Кыргызстанга алып келип, Бишкек шаарында єткєрєєрїн билдирди. Мирлан Муратовдун айтымында Дан Балан концерттин башынан аягына чейин жандуу їн менен ырдайт экен.

ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫН УТУРЛАЙ «ЫЙМАН ЫРЫ» АТТУУ ЖАЎЫ ЫР ЖАРЫККА ЧЫГАТ

Жакында ырчы Эрлан Андашевдин Орозо айт майрамынын алдында жазылган «Ыйман ыры» аттуу жаўы ырынын бет ачаары болот. Бул тууралуу продюсери Эркин Урманбетов 9-июлда «Баракелдеге» билдирди. Анын айтымында, ырдын клиби дагы даяр болуп калды, 3-4 кїндїн ичинде коомчулукка кєрсєтїлє баштайт. «Ырды мурда эле жаздырып даярдап койгонбуз. Учурда клибин дагы тарттырып бїттїк. Атайын Орозо айт майрамын утурлап, жакындаганда сунуштайлы деп турабыз. Бул чыгарма ыймандуулукка, ынтымакка чакыруунун максатын кєздєйт», - дейт Э.Урманбетов.

КАНАТ КАДЫРЖАН 25 ЖАШЫН БЕЛГИЛЕДИ

ЫРЧЫ НАЗМИ НАРИСТЕ КЇТЇП ЖАТАТ

Альбина аттуу кыздын мээримдїї энеси, ырчы Назми учурда кош бойлуу экен «Эне болгон кандай сонун бакыт, кызым Альбинанын кылык-жоруктарына элжиреп кетем, кызым мага ар дайым бакыт тартуулайт, кєўїлїмдї кєтєрєт, эрмек болот», деп кубанычы менен теў бєлїшкєн ырчы Назми учурда кош бойлуу экен билдирди. Июль, 2012-жыл

Нурлан Насиптин продюсери Канат Кадыржан жакында 25 жашка толуп, туулган кїнїн достору, чыгармачылыктагы жакын санаалаштарынын жанында єткєрдї. 25 жашында ушундай ийгиликтерге жетишип, мыкты ырчларга продюсерлик кылып келе жаткан Канаттын достору да, ата-энеси, туугандары да абдан ыраазы болуп, куттуктоо сєздєрїн айтышты.

Шоу пресс


11

ЄНЄРЛЇЇЛЄР ЄРГЄСЇНДЄ

КОНГРЕСС БИРИГЇЇНЇ МАКСАТ КЫЛАТ

Августтун 1-3 кїндєрї борборубузда «Кыргызстандын биримдиги жана єнїгїшї їчїн биргеликте!» ураанынын астында Кыргызстандыктардын жана мекендештердин бїткїл дїйнєлїк биринчи конгресси чакырылып, анда дїйнє кыргыздары чогулганы турушат. Сырттагы кыргыздардын башын кошкон конгресстин ишине дїйнєнїн Азия, Европа, Африка континеттерин камтыган 50 чакты єлкєсїнєн 600дєй делегат, 200дєй конок чакырылмакчы. Аталган конгресстин уюштуруучусу Россия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын «Замандаш» ассоциациясы.

Кыргызстандыктардын жана мекендештердин башын кошкон бул конгресс єлкєдє биринчи жолу єткєнї турат. Конгресстинмаксаты–биримдиктин арты менен єлкєнїн єнїгїшїнє салым кошуу. Конгресстин артыкчылыгы – масштабдуулугунда жана кєтєрїлє турган маселелердин ар тараптуулугунда. Конгресске Европа, Азия, Африка континенттеринен баш-аягы 600 делегат катышып, 200ї конок катары чакырылмакчы. Улуу Британия, АКШ, Кытай, Тїркия, Тїштїк Корея, Афганистан, Испания, Малайзия, Канада, Польша, Чехия, Иран, Египет, Украина, Германия, Япония, айтор дїйнєнїн булуў-бурчундагы улутташтарды чакыруудабыз. Сырттагы мекендештердин акыбалы, єлкєлєр аралык миграциялык саясат, улутташтардын этникалык жана руханий сакталышы, бутуна турган мекендештердин инвестициясы, бизнес долбоор-

лор, кыргыз мамлекеттїїлїгїнїн абалы, улуттар аралык саясат, єлкєлєр аралык достук ымала, мамлекеттин кыргыз уюмдары менен болгон єз ара карым-катышы єўдїї маселелер кєтєрїлмєкчї. Эгемендиктин 20 жыл аралыгында сыртка агылгандардын кубанычынан кайгысы кєп болгонун тана албастырбыз. Алгачкы карлыгачтар соода-сатык ишмердигине байыралышса, кийинки агылгандар дїйнєнїн ар бурчунда ар тїрдїї кесип ээлери болууга жетишти. Союздун учурунда билим алуудан калып калган жердештерибизди кошкондо, азыр дїйнє аралаган кыргызстандыктар миўдеп саналат. Тїмєн кыйынчылыкка карабай, ийгиликтерди багындырып, жеўиштин ээси болгон сырттагы мекендештер – биздин сыймыгыбыз. Ушу кїндє тєгєрєктїн тєрт бурчуна жана ааламга кучак жайган Атажурттун алдыўкы

уул-кыздарын биздин замандын чыныгы каармандары деп атасак жарашат. Мекендин баркы чет єлкєдє билинет жана ал жакта тїндїк-тїштїк, уруу-уруу деген маселе жок. Ал жакта «мен кыргызстандыкмын» деген гана ары сагынычтуу, ар сыймыктуу, ары намыстуу сезим бар. Бїгїн Россия жана Кыргызстандагы кыргыз диаспораларынын «Замандаш» ассоциациясы сырттагы каарман кыргыз-

стандыктардын жана мекендештердин башын кошууну чечти – деп билдирет аталган уюмдун жетекчиси Кадыр Бусурманкулов. Аталган конгресс эмгек мигранттарынын акыбалын, єлкєлє раралык миграциялык саясатты, улутташтардын этникалык жана руханий сакталышын, байгер кыргызстандыктардын инвестициясын, бизнес долбоорлорду, кыргызмамлекеттїїлїгїнїн аба-

лын, улуттар аралык саясатты, єлкєлєр аралык достук ымаланы, мамлекеттин кыргыз уюмдары менен болгон єз ара карым-катышын талкууга алып, мекен їчїн жан їрєєгє чакырат. Конгресстин ишине сырттагы сыймыктуу каарман кыргызстандыктардан тышкары, єлкє башчысы баш болгон єкмєт мїчєлєрїнїн, коомдук ишмерлердин, ири ишкерлердин жана депутаттардын да катышуусу кїтїлїїдє.

Динара Жусаеванын маегинен кийинки ойлор

80-жылдардын аягында, 90-жылдардын башында гитарада єзї ойноп, ырдап, кубулжуган їнї менен далай жигиттердин жїрєгїнє чок салга, азыр «Тїнкї белес» радиосунда баяндамачы кызматын аркалаган Динара Жусаева деген кызыбызды кимдер билбейт.

Жакында ал «Леди KG» гезитинде маек куруптур. Динара айым кабарчынын эмнеге ырчылыкты таштап салдыўыз деген суроосуна, «… менин бир туугандарымдын баары намаз окушат, алар ырды ташта дешти, мен таштадым. Кєрсє исламдын шарттары боюнча ырдаганга болбойт экен, а тїгїл бул кїнєє болуп саналат турбайбы… Тилекке каршы исламда ыр уккан дагы кїнєє экен» деп жооп бериптир. Убагында Ташкент кызы Гїл, Асель Кыдыкова деген таланттары ташкындаган кыздарыбызды да мусулманчылык дешип ырчылык єнєрлєрї менен кош айтышканын билебиз. Бїгїнкї мусулманчылык дегендин артында Орто Азияда халифат орнотууну кєздєгєн кїчтєрдїн курмандыктарына айланып бара жатышкан жаштарды кєргєндє жаным ачыйт. Ошондон улам кєпчїлїк жаштардын сїймєнчїк гезити болгон «Айбат» гезити аркылуу єлкєбїздїн келечеги болгон жаштарга кайрылыгым келип олтурат. Ээ айланайын жаштар мусулманчылык десе эле єз элибиздин нукура каада салтын чанып, унутуп эркектер баарыбыз дамбал кийип, кыз келиндерибизге паранжа жамынтып, сїкїт чалып олтуруп алышыбыз

керекпи?! Биз кыргыздар ислам дини пайда болгонго чейин эле эў сонун єз каада салтыбыз менен жа��ап, єз эне тилибизде эле кудайга сыйынып, миўдеген жылдар бою Евразия континентинин кєпчїлїк жерлерине ээлик жїргїзїп келишкен улуу кєчмєндєрдїн урпактарыбыз. Азыркы Росииянын аймагына кирген жерлердин, суулардын аттары буга кїбє. Мисалы: Алтай крайы- Алты ай, Сибирь аймагы- Шибер, Байкал кєлї- Бай кєл, Енисей дарыясыЭне сай деген сєздєрдєн. Улуу жазуучубуз ыраматылык Чыўгыз Айтматовдун «Бугу эне» чыгармасындагы Энесай сендей ыйык єзєн болбос, Энесай сендей жаркын мекен болбос деген сєздєр да буга далил. Байыртадан бери комуз, кыл кыяк, сыбызгы, чоор, чопо чоор, деген сыяктуу жана башка музыкалык аспаптар менен жашап, акындарыбыз айтышып келген элбиз. Кыз-жигиттер сармерден айтышып, ашыктык ырларын ырдап, обон кїлкїсїз жашай албай келген, ыр жандуу кыргыз, эмнеге бугун арабдардын орто кылымдагы мыйзамы менен жашайбыз деп ырдабай да, ыр укпай да коюшубуз керек?! Ошондой эле жоопкерчилик заманда кыргызда кїйєєсїнєн жесир аял гана кара жоолук салынып, кара кєйнєк кийчї экен. Азыр болсо эрге тие элек кыздарыбыз мусулманчылык деп кара кєйнєк кийип, кара жоолук салынып жїргєндєрїн кантип тїшїнсєк болот? Анан дагы жїздєрїн жашырып алгандарычы. Ал эми отузга чыкпай жатып сакал коюп, дамбал кийгендерди айта берип чарчадык. Биз араб эмес кыргызбыз.

Бетти даярдаган Кутман Тойчу Июль, 2012-жыл


12

ДЕН СООЛ СООЛУК

к е г з е Б малярия

Жай мезгили келеери менен чымын-чиркей баарыбыздын айлабызды кетирери анык. Кенедей болгон канаттуу кан соргучтар адам ємїрїн алат дегенге ишенгиў келбейт. Бирок, бул чындык. Андай адам ємїрїнє коркунуч туудурган оорулардын бири – безгек. Безгек оорусуна жылына 350-500 миллион адам чалдыгат. Алардын ичинен 1,3-3 миллионго жакыны бул дїйнє менен кош айтышат. Аталган дарттан кєбїнесе 5 жашка чейинки жаш наристелер жабыркашат. Безгектен Африка єлкєлєрї, Сахара чєлїнїн тїштїк аймагынын 85-90% жашоочулары жапа чегип келишет.

БЕЗГЕК

Безгек (малярия) итальяндардын “malaria” – “жаман аба” деген сєзїнєн алынган. Мурун бул ооруну жаман аба чакырат деп эсептешкен. Безгек ошондой эле “саз калтыратмасы” (болотная лехорадка) деген ат менен белгилїї.

БЕЗГЕКТИ АЛЫП ЖЇРЇЇЧЇ ЧИРКЕЙЛЕР

тїйїлдїк аркылуу балага да єтєт. Ал эми наристелердин иммундук системасы толук калыптана элек болгондуктан, безгекти козгоочу мителерге каршылык кєрсєтїї кыйынчылык менен ишке ашат. Андыктан безгек жуккан адамдар сєзсїз ооруканага жаткырылууга тийиш.

ООРУНУН ТЇРЛЄРЇ

Дїйнєдє чиркейдин 500гє жакын тїрї жашайт. Алардын ичинен анофелес тїрїндєгї чиркейдин ургаачылары гана безгек оорусун жугузат. Бул чиркейлер безгек менен ооруган адамдардын канын соргондо жуктурушат да башка адамды чакканда чиркейлердин шилекейи аркылуу мите адамдын канына єтєт. Мителер кызыл кан денечелеринин (эритроциттер) ичине кирип чоўоюп, бєлїнїп, кєбєйє баштайт. Мителер толуп кеткен кызыл кан денечелер жарылып, андагы мителер жана алардын топтолгон уулары канга кошулат. Ушундан улам чыйрыгуу жана калтыроо келип чыгат. Кээде безгек менен ооруган же ооруп айыккан кишинин канын (донордон) башка адамга куйганда, ошондой эле жакшы тазалоодон єткєрїлбєгєн шприц аркылуу да жугуусу мїмкїн.

ООРУНУН АЛГАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ

Безгектин негизги белгиси - калтыратманын катуулашы. Безгек менен ооруган адам эсинен танып, денеси калчылдап тырыша баштайт. Аталган ооруга чалдыкканда приступтун узактыгы 6-36 саатка чейин созулуп, ар бир эки саат сайын кармап турушу мїмкїн. Эгерде оорулууну убагында дарылабаса, оору бат-бат кармайт (12-15 жолу же андан да кєп). Бул ооруну жугузуп алган кишинин организминде алгачкы 10-14 кїн оорунун белгиси пайда болбойт, бул оорунун жашыруун мезгили.

ООРУ КОШ БОЙЛУУЛАРГА ЄТЄ КОРКУНУЧТУУ

Безгек айрыкча кош бойлуу аялдар жана 5 жашка чейинки наристелер їчїн єтє коркунучтуу. Эгер айымдар кош бойлуу кезинде безгекти жугузуп алса боюнан тїшїп калуусуна, єз убагынан эрте тєрєп коюусуна жана тєрєттєн кийинки ооруларынын кїчєшїнє себепчи болушу мїмкїн. Ошондой эле кош бойлуу кезде оору Июль, 2012-жыл

Эгер сизде оорунун белгилери байкалса, тезинен бейтапканага кайрылууўуз кажет. Єз алдынча дарылануу оорунун кїчєп кетишине алып келет. Врач текшерип кєрїп, анализ їчїн манжа учунан кан тапшыртат. Оорунун жукканы билинсе, анда жугуштуу оорулар ооруканасына жолдомо берет. Ал жерде адам 17 кїн жатып, дарыланып, айыгып чыгат. Айта кетчї нерсе, безгекке каршы дары-дармектер дарыканаларда сатылбайт, бир гана жугуштуу оорулар ооруканасында болот.

АЛДЫН АЛУУ

Безгектин алдын алуу їчїн чиркейлер менен кїрєшїї зарыл. Пайдасы жок кєл-

мєлєрдї, саздак жерлерди кургатуу керек. Арыктардын жээгин тазалап, суунун агымын жогорулатуу, жуунуучу жайларды кургак жана таза кармоо кажет. Дарыгерлердин айтымында жетилген чиркейлерге карата уулуу заттарды (инсектициддерди) турак-жайларга, кєлмєлєргє, чєптїї, нымдуу жерлерге чачуу керек. Суу сакталган идиштердин оозун бекем жабуу зарыл. Безгектин алдын-алуу їчїн чиркейлердин кєбєйїшїнє жол бербєє керек. Чиркей бар жерде эшик, терезелерди металл торлор менен тосуу керек. Чиркей тїн ичинде чаккандыктан жатаар алдында їйдїн ичин тїтєтїп койсо болот. Тердеген адамга чиркейлер абдан жабышышат. Андыктан тердеген сайын самынданып жуунуп туруу зарыл. Дененин ачык жерлерине чиркейлерди качыруучу атайын майларды, кремдерди колдонуу да жакшы натыйжа берет.

БЕЗГЕКТЕН КАЗА БОЛГОН АТАКТУУЛАР: 1. Александр Македонский

2. Готтордун – байыркы герман дардын падышасы Аларих

3. Бай ыр кы гун нда рды н кол башчысы Атилла 4. Чыўгызхан 5. Ыйык Августин 6. Италия акыны Данте

7. Христофор Колумб

8. Ан гли ялы к рев олю цио нер Оливер Кромвель

АНОФЕЛЕС ЧИРКЕЙИ

Анофелес чиркейлери саздуу, камыштуу жерлерди, суу агып чыкпаган кєлчїктєрдї, тайыз кєлмєлєрдї байырлашат. (Бишкекте чиркейлер кєп байырлаган эл жашоочу аймак болуп сууга жакын жайгашкан АкБата, Калыс-Ордо конуштары эсептелет) Алар жумурткаларын сууга ташташат. Ал жерден жумурткалар єсїп жетилип, чиркейге айланышат. Безгек митесин алып жїргєн чиркей менен соо чиркейди ажыратууга болот. Анткени соо чиркей конгондо денесин тїз кармаса, анофелес чиркейи жамбашын єйдє кєтєрїп конот.

ДАРЫЛАНУУ

9. Англия акыны Байрон ж.б.

Безгек оорусу негизинен 4 тїргє бєлїнєт. •3 кїндїк •4 кїндїк •Тропикалык •Овале безгек Биздин Кыргызстанда безгектин 3 кїндїк тїрї бар. 3 кїндїк безгекте оорунун жашыруун єнїгїї мезгили кыска (10-14 кїн) жана узак (6 айдан 36 айга чейин) болуп бєлїнєт. Узакка созулган тїрїндє оорунун белгилери кийинки жылы жазында же 2–2,5 жыл ичинде пайда болот. Бул аралыкта адам мителерди алып жїрїїчї болуп калат. Алгач адамдын башы ооруп, чыйрыгат. Алы кетип, калтырап, дене табы кєтєрїлїп, 39-40 градуска жетет. Денеси карышып, эсинен танат. Абдан тердеп, жєєлїйт, айрым учурда кусушу да мїмкїн. Дене табы тїшкєн соў оору белгилери кєп билинбей калат да, 48 сааттан кийин оору белгилери кайрадан кайталанат. Оорулуу врачка кайрылып дарыланбаса, 1 апта ичинде кєк боор чоўоёт, 2-3 аптада аз кандуулук єнїгєт. Уйку бези менен боор да акырындап чоўоё баштап, бєйрєк, мээ жабыркайт. Ал эми жаш балдардын тез-тез ичи єтєт, заўы кїўїрт-жашыл тїстє, кан аралашкан болот. Дене табы кєтєрїлїп, муундары тырышат. Кєк боору жана боору чоўоёт.

ДАРЫЛАРГА БАШ ИЙБЕГЕН

БАКТЕРИЯ

Тїштїк-Чыгыш Азиядан Британияга кайтып келген жарандарда кїчтїї дарыларга да туруштук бере алчу бактериянын жаўы тїрї табылган. Дарылоодон єтїп жаткан бейтаптардын кєпчїлїгї ал жакка арзан пластикалык хирургия жасатканы барышкан. Эми ал жактан кайткан 50 адамда ошол бактерия аныкталды. Кєпчїлїк медициналык эксперттер инфекция эми дїйнє боюнча тарап кетиши мїмкїн, деп эскертип жатышат.

Буга чейин дїйнєнїн їшїн алган айтылуу чочко тумоосу эми кооптуу болбой калганын эки кїн мурда Дїйнєлїк Саламаттыкты сактоо уюму айтып чыккан эле. Арадан бир кїн єтїп-єтпєй NDM-1 деген фермент табылганы маалым болду. Ал фермент кадимки бактерияны дарылоого баш ийбеген жаўы бактерияга айландырат. Бул болсо, медициналык кызматкерлердин айтымында, дарылоого такыр мїмкїн болбогон инфекциялык оруулардын тарашына тїрткї болот. Британиянын Саламаттыкты cактоо rызматынын єкїлї Дэвид Ливемор антибиотиктерге туруктуу бактерияны жок кылуу кыйын дейт. «Учурда инфекцияларга каршы бир-эки антибиотик дагы эле колдонулат, бирок бул жаатта мїмкїнчїлїктєрїбїз бара-бара азайып баратат». Мындан тышкары, айрым эксперттердин айтымында, бактерия бир адамдан экинчисине єтїшї мїмкїн деген коркунуч жок эмес. «NDM-1 ферменти ар тїрдїї бактерияларга єтїп, ар кандай диагноз коюлган бейтаптардын арасында тарап кетиши мїмкїн. Мындай учурда, баарыбыз чоў проблемага кабылабыз. Бири-бирине окшобогон инфекцияларды дарылоо андан да татаал болуп кетет», деди Дэвид Ливемор. Ошондой болсо да эл аралык уюмдар илдеттин алдын алууга болот дешет. Ал їчїн кадимки медициналык иш-чаралар жана атайын дезинфекциялоочу жабдуулар керек. Ошондой эле антибактериялык самын менен тез-тез кол жууп туруу зарыл, дешет эксперттер. Мээрим Бактыбек кызы


ПАЙДАЛУУ КЕЎЕШТЕР

“САБЫРДЫН ТЇБЇ САРЫ АЛТЫН“ - ДЕЙТ, САБЫРДУУ БОЛУУГА АРАКЕТ ЖАСАЎЫЗ! Болоор-болбос нерсеге жинденип, кєўїлдї чєгєрїп стресске туш болуу, ар ка��дай оор кырдаалдар ден соолукка терс таасирин берет. Тємєнкї жєнєкєй жана маанилїї кеўештерге кєўїл бєлїўїз.

АВТО УНААДА

Кинодогу супермен экениўизди эске алып, алдыўызда бара жаткан унааны ашып єтїїгє эч убакта аракет кылбаўыз. Катуу ылдамдыкта айдабаганыўыз дурус, анткени сиз канчалык ылдам айдасаўыз, жїрєгїўїздїн согушу ошончолук тездеп стресске алып келїїгє шарт тїзєт.

КЫЯЛДАНЫЎЫЗ

Кофени ашыкча ичїїнї токтотуўуз, жумуштан чарчап турсаўыз бир нече мїнєт жумушта отурганыўызды унутуп єзїўїздї таза абада, тоодо эс алып жїргєндєй кыялдансаўыз кадимкидей эс ала тїшєсїз. Бул кєрїнїштї окумуштуулар иш жїзїндє эбак далилдешкен. Сизди кызыктырган, тїйшєлткєн маселе тууралуу кесиптешиўиз менен басып баратып талкууга алсаўыз, сейилдєє сизге да, єнєктєшїўїзгє да жагымдуу маанай жаратып эс алдырат.

КРОССВОРД ЧЕЧЇЇ МЕНЕН АЛЕКТЕНЇЇ

дырыўыз, їстєккє-босток болушу толук мїмкїн. Їстєлдїн їстїндєгї майда-барат буюмдарды кєздєн далдоо жерге алып салыўыз. Себеби бытырап жайнаган нерселер кыжырды келтирет. Мындан тышкары кроссворд чечїї менен алектенсеўиз да жакшы жыйынтык берет.

Жумуш кїнїўїз аяктап їйгє кайтып келгенде эў биринчи кол саатыўызды чечип салуу керек, жубайыўыз менен сїйлєшїїчї олуттуу маселени башка кїнгє жыл-

Психологдордун далилдєєсїнє таяна турган болсок жини келген адам чач-та-

СЇТТЇН ДЕН СООЛУККА БОЛГОН ПАЙДАСЫ

ГЇЛДЇ УЗАККА САКТООДОГУ ЭЎ НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕ

Сїттїн пайдасы менен зыяны тууралуу эл ичинде кєптєгєн пикирлер айтылып келет. Кээ бири сїт адам баласына кичинекей кезинде эле керек, чоўойгондо аны ичїї зыян деп эсептешсе, кээ бири сїттї ємїр бою ичїї керек анын пайдасынан башка зыяны жок деген пикирде. Чынында сїттїн ден соолукка болгон пайдасы єтє чоў. Эгерде сиз ашыкча салмактан арылууну кєздєсєўїз кїнїгє эртеў менен бир стакан сїт ичип турганыўыз оў. Себеби сїттїн курамындагы кальций денедеги ашыкча майларды жок кыла алат. Уйкуўуз качып, канчалык чарчап турсаўыз да мемиреп уктап кете албай жаткан болсоўуз, жатаар алдында бир стакан сїткє балды аралаштырып туруп ичсе адамдын организмин жибитип, уйкусун тез келтирет. Мындан тышкары сїт суусунду кандырат экен. Окумуштуулардын далилдєєсїнє караганда сїт азыктарын їзбєй колдонгон адам инфаркт, инсульт сыяктуу коркунучтуу ооруларын 50% азайтат.

БОШ УБАКТА

Бажырайып кєздїн жоосун алган гїлдїн саналуу гана кїндєрдє соолуп калганы кєпчїлїктї єкїндїрбєй койбойт. Гїлдї узакка сактоодогу эў негизги эреже-вазага салынган гїл желден жана кїндїн нурунан алыс коюлуш керек. Муну менен эле тим болбостон сууга бир чай кашык кумшекер же жарым таблетка аспирин салып койгонуўуз оў. Сууну алмаштырган сайын албетте анын кошулмаларын кошо алмаштырып туруу керек. Дагы бир белгилей кетчї жагдай гїлдї жер-жемиштер менен аралаштырып же ашканага коюуга болбойт. Эгерде гїл соолуп баратканда сууга бир нече нашатыр спиртин тамчылатып койсо бир аз кїнгє болсо да гїл єз калыбында турат.

АДАМ УЗАГЫРААК ЄМЇР СЇРГЇСЇ КЕЛСЕ

рачка барып чачын кырктырса кадимкидей эс алып, кыжыры тарайт экен. Бул бир чети кїлкїлїї болгону менен кєпчїлїк адамдар дал ушул ыкманы жинин таратыш їчїн колдонушат. Андан тышкары єзгєчє айымдар ачууланганда тїймє тїйїшїп, бийлеп єздєрїн алаксытышат. Ал эми эў жєнєкєй жана оўой ыкма аквариумдагы балыктардын ары-бери тынымсыз сїзгєнїн карап отуруу болуп саналат. Айрым маалыматтарга карасак жалкоолор кєп жашашат деген пикирлер бар. Кєрсє, тескерисинче физикалык жактан кєп кыймылдап, тынымсыз оокат кылып жаны тынбаган адам жалкоолорго караганда орто эсеп менен 10 жылга жай картаят. Мындай жыйынтыкка келээрден мурда окумуштуулар эксперимент жїргїзїп кєрїшкєн. Жыйынтыгында жаны жай алып, кєп чарчабаган адам менен эмгекчил адамдардын организмин салыштырып кєрїшїп, физикалык кыймылды активдїї жїргїзгєн кишинин организми єзїнїкїнєн 10 жаш кичїї, кєп кыймылда болбогон адамдыкы менен теў болуп чыккан. Ушундан улам адам узагыраак ємїр сїргїсї келсе кара жумуштан качпай, жалкоолукка жол бербегени оў.

КЄЗГЄ ЖАСАЛУУЧУ КЄНЇГЇЇЛЄР

Кєзгє кєп кїч келїїчї жумушту аркаласаўыз кечинде кєзїўїз кызарып, сайгылашып ооруп чыгаары анык. Єзгєчє мындай абал компьютерде иштегендерде кездешет. Тємєндєгї кєнїгїїлєрдї кылдаттык менен аткарсаўыз кєзїўїздїн ооруганы жеўилдейт.

13 САЛАТ ЖАБУУНУН СЫРЛАРЫ

•Салатты банкага жапкандан кийин капкагы жакшы жабылганын текшериш їчїн капкактын їстїн жакшылап сєємєй менен басып кєрїш керек. Эгер сєємєй менен басылган жер бир нече убактан кийин кайра тїзєлє баштаса, анда капкак жакшы жабылган эмес. •Єтє муздак жерде салаттар тоўуп, атылып кетпегени менен даамы бир аз бузулат. Муздак жерде кєпкє турган салатты ачып жесеўиз даамы кадимкидей супсак тартып калганын байкайсыз. •Кышкы салаттарга даярдаган азыктарды сыр мискейге кайнатканыўыз туура. Алюминий мискейден калемпирдин, капустанын, кызылчанын даамы бузулат. •Банка кышка жетпей атып кетпеш їчїн аны буулап жатканда оозунан кармабай капталынан майлык менен кармаганыўыз оў. Банканы бууга 1015 мїнєттєн кем кармабоо керек. Ал эми капкакты 2 мїнєттєн ашык кармабаўыз.

•Банканы буулоонун дагы бир жолу духовкага банканы салып, 100 градуска коёбуз. Саатты карап он беш мїнєттєн кийин алып чыгабыз. •Туздаганга бадыраўды даярдаш їчїн эў биринчи кєлємїнє, анан бадыраўдын їзїлгєнїнє канча кїн болгонуна басым коюўуз. Эгер бадыраў эки-їч кїн мурда їзїлсє аны муздак сууга 3-6 саатка чылай турсаўыз мурдакы калыбына келет. •Бадыраўды туздаарда банканы єтє буулантып жиберсеўиз бадыраў аз эле убакыттын ичинде атып кетиши мїмкїн. Ошондуктан банканы єз убактысынан ашык бууга кармабаўыз. •Салатка кошо турган капустаны тор баштыкка сактаўыз. Їстїнкї жалбырактарын їзїп салууга шашпасаўыз болот. Анткени ал жалбырактар капустанын тїп-орду менен соолутуп салбай сактап турат. •Помидор, баклажан, сабиздерди бир кїн жакшылап сакташ їчїн топурагын бир сыйра кїбїп салып, кургак чїпїрєк менен сїртїп коюўуз. Айрымдар сууга жууп салышат. Мындай жол менен жашылча бат соолуп, даамын жоготот.

1. Кєзїўїздї 10 мїнєт жумуп туруўуз, андан соў гана 10-20 жолу бат-баттан ачып-жумуўуз. Кєзїўїздї ачаарда чоўчоў ачыўыз. 2. Кєзїўїздї жумуп туруп, сєємєйїўїздїн учу менен жумшак ушалап туруўуз, бул кєнїгїїнї 30 секунд кайталоо керек. 3. Терезеге барып (бакты, їйдї ж.б.) бир обьекти 5 секунд, ал эми мурдуўуздун учун 3 секунд карап турсаўыз сизге оў натыйжа берет.

Їпєл Анаркулова Июль, 2012-жыл


14

КЇЧ БИЛЕК Спорт кабарлары

Тамара КЕЛДИБЕК кызы, спортчу:

«МЕНИ ЭРКЕК БАЛА ДЕП ОЙЛОШОТ» Єткєн аптада Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында кїрєш боюнча кадеттер арасында Азия чемпионаты болуп єттї. Чемпионатка Азиянын 15 єлкєсїнєн спортчулар келип катышышты. Алардын ичинен 38 кг салмакта 16 жаштагы Тамара аттуу балбан кызыбыз 3-орунга жетишти.

ЛОНДОНГО 4 СПОРТЧУ БАРАТ

Лондондо єтїїчї Олимпияда оюндарында Кыргызстандын намысын тєрт балбан коргойт. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинин мїдїрї Байгазы Кенжебаев билдирди. Анын айтымында бардык балбандардын даярдыгы мыкты. Грек-рим кїрєшї боюнча 55 кг салмакта Арсен Эралиев, 74 кг салмакта Данияр Кєбєнов, эркин кїрєш боюнча Магамед Мусаев (96кг чейин) жана аялдар кїрєшїндє Айсулуу Тыныбекова. Спортчуларыбыз їмїтїбїздї актап медаль менен кайтып келет деген ишеничтебиз.

- Тамара, жеўиш кут болсун! - Рахмат. - Кайсыл жактан келдиў? - Нарын областынын Жумгал районунуна караштуу Байзак айылынан келдим. - Спортко жєн эле адам келе бербейт да. Сен кандайча келгенсиў? -Кичине кезимден спортко кызыкчумун. Башта кросско чуркап жїрдїм кийин кїрєшкє кызыгуум артып кетти. Їйдєгїлєрдє деле спорт менен машыккандар жок. - Спорттун бул тїрїн эмнеге тандадыў? -Биздин айылда биринчи кїрєш боюнча зал ачылган. Ошондо кїрєшкє жазылып кирип кеткем. Кийинчерээк спорттун башка тїрї боюнча залдар ачылды бирок аларга кєўїлїм чапкан жок.

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР 17 МЕДАЛЬ АЛЫШТЫ

Бишкекте єткєн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында Кыргызсиандын курама командасы 7 алтын, 5 кїмїш, 5 коло медалга ээ болушту. 2 алтын, 4кїмїш, 2 коло грек-рим кїрєшї боюнча, 4 алтын, 1кїмїш эркин кїрєштєн, 1 алтын, 3 коло аялдар арасындагы кїрєштєн алышты. бешинчи мелдешим болду.

- Кимди кумир тутасыў? - Айсулуу Тыныбековадай болсом дейм.

- Чемпионатка кандай даярдыкта келгенсиў? - Жакшы эле даярдыкта келгем бирок, атаандаштарым менден да кїчтїїлїк кылып кетишти.

- Їйдєн сенин тандооўо каршы болгондор барбы? - Башта апам дагы башкалар спорттун бул тїрї кыз киши їчїн эмес деп каршы

- Кайсы мамлекеттин балбандары кїчтїї экен? - Казакстан менен Индиянын кыздары кїчтїї экен.

баарына катышам. Маданий иш чараларга активдїї катышам. - Спорт окууўа тоскоолдук жаратпайбы? - Жо-ок, спортту да окууну да бир алып кеткенге аракет кылам. - Мектепте жеўилдик каралабы? - Ар кандай, мугалимдердин кээси жеўилдик кылса кээси кылбайт. - Окууну бїтєєрїўє аз калыптыр,

КЫРГЫЗСТАНДА ДАГЫ БИР АЛТЫН

Якутияда єткєн «Дети Азии» аттуу V эл аралык спорттук оюндарда мекендешибиз алтын медаль алды. Бул жакшы жаўылыкты дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Спорттук оюндар Якутиянын 3 шаарында єтїп, 3 миўге чукул жаш атлеттер катышууда. Кыргызстандык жеўил атлет Ксения Прокопьева 400 метр ааралыкка чуркоодо 57:89 секундда чуркап єтїп алтын медалга жетишти. Эркин кїрєш боюнча 32кг салмакта Талгат Тынчтыкбеков 2 орунга ээ болду. Эске салсак аталган спорт оюндары ар бир 4 жылда бир єтїп 20дан ашык мамлекеттен спортчулар катышышат. Быйыл Кыргызстанга 50 орун берилип бардыгы толукталып кетишкен. Кыргызстандын курама командасын 17 жашка чейинки спортчулар тїзєт. Алар спорттун он тїрї боюнча намысты коргошмокчу.

ФЕДЕРЕР КАЙРАДАН ДЇЙНЄНЇН БИРИНЧИ РАКЕТКАСЫ

болушкан, бирок мен андай сєздєргє маани бербейм. Анткен менен мени дайыма атам колдоп келет. - Эў биринчи жеўишиў эсиўде болсо керек? - Биринчи жолу 12 жашымда Нарын шаарында єткєн мелдешке баргам. Анда мен 3 эле кїн машыгып 2-орунду алып калгам. Биринчи жолу атаандашым менен килемге чыкканда сїрдєп жаман болгом, азыр кєнїп калдым. Бїгїнкї мелдеш он Июль, 2012-жыл

- Машыктыруучуў тууралуу айтпасаў болбостур? - Машыктыруучум Денкадыров Токтобек, Байбосунов Каныбек деген агайлар. Бул агайларыма учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем. Машыктыруучуларым болбогондо мен бїгїнкїдєй мелдештерге келмек эмесмин да. - Спорттон тышкары эмне менен алектенесиў? - Мектепте уюшулган ийримдердин

келечекте кайсы кесиптин ээси болсом дейсиў? - Келечекте милиция же юрист болом деген тилегим бар. - Балбан кызыбыз тийишкен балдарды «прогиб» чаап койсо керек? - (Кїлїп) Андай деле кєп балдар тийишпейт, кєбї мени эркек бала деп ойлошот. Кыз дешпейт. Анын їстїнє спортчулар килемдер тышкары жерде кїч сынашпайт да.

Швецариялык теннисчи Роджер Федерер жетинчи жолку жеўишин алды. Эў негизгиси дїйнєнїн ракеткасы наамын кайтарып алгандыгы болду. 30 жаштагы Федерер Пит Сампрасттан кийин тарыхтагы 7 жолку чемпион болуп калды. 76 жыл аралыгында биринчи жолу финалдык турнирге британиянын єкїлї чыкты. Бирок, Энди Маррей атаандашына 4 партияда алдырып койгон. (6:4, 5:7, 3:6, 4:6). Насипа Байызбекова


СКАНВОРД

АКЫЛЫ ЖЕТСЕ, АТАНЫ УУЛ БИЛЕТ.

15

Июль, 2012-жыл


16

БААТЫРЛАР БАЯНЫ

Молдобек ИРСАЛИЕВ:

Бир шиўгил

«АНДАШ БААТЫРДЫН 185 ЖЫЛДЫГЫНА ДАЯРДЫКТАРДЫ КЄРЇП ЖАТАБЫЗ»

21-22-июлда кыргыз кереметтеринин бири болгон Соў-Кєл жайлоосунда Олжоболот уулу Андаш баатырдын 185 жылдыгы болот. Андаш баатыр Чийде-Кашка деген жерде тєрєлїп, алты жашында атасы каза болгондон кийин Кочкордун Ак-Жар айылына келип, ошол жерден чоўоёт. Кїмбєзї Соў-Кєлдє курулуп бїтїп атат. Кочкорго Андаш баатырдын бюсту коюлду.

Рахман Разыков, куудул:

«САХНА» Биз сахнада министирбиз молдобуз, Кээде кашаў кээде кїлїк жоргобуз. Келесообуз, депутатпыз, бандитпиз, Аша чапсак ага капа болбоўуз.

- Молдобек ата, Андаш баатырдын тоюна даярдыктар кандай, кимдер чакырылды? - Тойго жетекчилердин баары эле чакырылат. Жогорку Кеўеш тар абынан атайын токтом чыгат деп кїтїп атабыз. Жогорку Кеўеш атайын комиссия тїзїп, иш-чараны єткєрїї тууралуу чечим кабыл алышкан. Тойдо кыргыз улуттук ат оюндар ат чабыш, жорго салыш, кыз куумай, кєк бєрї болот. Бул тойдун артыкчылыгы, театралдашкан кєрсєтїї болот. Анын сценарийин Кыялбек Урманбетов, режиссёрлор Нарын драм театрынын кєркєм жетекчиси, Мамбетакунов, КРнын эл артисти биргеликте кєрсєтїшєт. Ырчылардан Советтер союзунун эл артисти Кайыркїл Сартпаева, Дарика Жалгасынова, Кыргызбай Осмонов жана башка кыргызга аты таанылган ырчылар ырдашса, тєкмє акындардан Аалы Туткучев, Жеўишбек Жумакадыр сыяктуу жигиттер айтышат. Калемгерлер дайыма эле элди кыйнап той єткєрїп атат, деген пикирлерин жазып келишет. А биз болгону 4-5 демєєрчїнїн жардамы менен тойду єткєрєлї деп турабыз. Мамлекеттен эч кандай акча сурабайбыз.

Биз сахнада кемпир, аял, эркекпиз, Тєрєпейил, бюрократ, элпекпиз. Акылдуубуз, гений, академикпиз, Керек болсо кээде жинди тентекпиз. Биз сахнада окуучубуз, агайбыз, Кээде байбыз, кээде тыйын санайбыз. Кээде батыр, кээде коркок, кыялкеч, Кол жетпеген жылдыздарды саамайбыз. Биз сахнада президентпиз кааласак, Ємїр бою кетпес болуп шайланган. Кудай берген талантыбыз жетелеп, Ырыскыбыз сахна менен байланган. Биз сахнадан ханга салам бербеген, Таланттарбыз бїт баарынан бийикпиз. Бирок элден бийик болбой эчкачан, Таазим кылып келдик башты ийип биз! Бетти даярдаган Аида Ишенгулова

С У К В и Т А М АРО на ЛЮБОЙ ВКУС АДРЕС: Г.БИШКЕК УЛ. КУРЕНКЕЕВА, 201, ТЕЛ.: 0550251025 E-MAIL: MIRLAN@CHIPSTIXWORLD.COM

Компания по производству металлопластиковых и алюминиевых изделий

• ОКНА

• КАЧЕСТВЕННЫЕ ПРОФИЛИ

• ДВЕРИ

• ВЫСОКАЯ ТЕХНОЛОГИЯ

• ВИТРАЖИ

• ШУМОИЗОЛЯЦИЯ

• МОСКИТНЫЕ СЕТКИ

• ВЫЕЗД , ЗАМЕР,

• ПЕРЕГОРОДКИ

УСТАНОВКА

720031 КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА, Г. БИШКЕК, УЛ. М. ГОРЬКОГО 1 ТЕЛ.: +996 (312) 53-51-10; МОБ.: +996 (550) 53-51-10 E-MAIL: MIR-OKON@LIST.RU; WWW.MIR-OKON.KG Июль, 2012-жыл


Айбат - коомдук-саясий гезити