Page 1


ЧЫҢГЫЗЫМ КИМ? БААТЫРБЫ? УЛУТТУКПУ? БААТЫРЛЫГЫН БИЗ БАРЫБЫЗ УНУТТУКПУ?! ЖАШООДО ЖАКШЫЛЫКТЫ КӨРӨ АЛБАСТАН, ЖАШ ӨМҮРҮ АКЫРЫ ЭЛ ДЕП БҮТТҮ! Токмок шаарынын борборуунда жайгашкан Баатырлардын мемориалында Ч.Султановдун сүрөтү 7-апрель 2010ж. Элдик революциянын баатыры катары коюлган


БЕШ СААТТА БАТУКАЕВ ӨЛӨТ ДЕП ДИАГНОЗ КОЙГОН, КЫРГЫЗДЫ БААТЫР КЫЛБАЙ ШЫЛДЫҢ МЕНЕН ЖЕРГЕ КОЙГОН ДИНАРА ЭЖЕ УЯТ БАРБЫ?! УУЛУҢ БИР МҮДҮРҮЛҮП БУТУ СЫНСА, ЧАЛМАКЕЙДИ ЧАЛГАНЫҢДЫ КӨРӨТ ЭЛЕК, ООРУДУ ДЕП УУЛУҢДУ КОРГОЙ САЛЫП, БААТЫРЛЫКТЫ АЛАРЫҢДЫ КӨРӨТ БЕЛЕК КЫРГЫЗДЫН БЕРЕ ТУРГАН АКЧАСЫ ЖОК, ӨЛГӨН АЛ!!! Жер кучактап Сиз-Биз үчүн өлгөн БААТЫР!!!

Төшүңө ок кадалып, кабыргадан бир эмес алтыны алып, кыйналып жан сыздата өлүп кеттиң. Ошондо да Динара эжең таш-боор экен, өлүмүңдү баалабай күлүп кетти. Апаңдын кайрылганын четке кагып, кызыңдын ыйлаганын ташка кагып, шылдың менен өлдү деп басып кетти.

6 кабырганын кесилип алынганы

7-апрель күнү аянтта төшүнө жана оң колуна 2 ок тийип, 6 кабыргасы операция жолу менен алынган соң Чыңгыз 1 жыл 9 ай аралыгында болбогондой арыктап, акыры жалган дүйнө менен кош айтышкан. Ортодогу сүрөтто (2010-ж.) Чыңгыз толук, дени сак жигит эле.

6 кабырганын кесилип алынганы


Баатыры жок тарых жок! Баатырлардын өлүмүнүн артынан бийликке келгениңерди унутсаңар

уят, шылдын!

Жогорку КеңешФракциялар! Өңү-түсүң, чоңукичиң бизге баарың бирдейсиң. Эл добушун алган соң, не маселени чечпейсин!


БАКИЕВДИ КЕТСИН ДЕП,

САРАЙДА КЫЗЫМ ӨССҮН ДЕП, ӨЛДҮҢ БЕКЕН ЧЫҢГЫЗЫМ?!

Чынгыз Султановдун апасы жалгыз калган небереси менен жеке менчик дүкөндүн сарайынын бир бөлмөсүндө

баш калкалап турган жайы!


КЫШЫ ҮШҮП, ЖАЙЫ ЫСЫП, КУСАЛЫКТЫН АЙЫНАН СЕНИ ЖОКТОП КЫЙНАЛААРЫН АПАҢДЫН БИЛЕТ БЕЛЕН ЧЫҢГЫЗЫМ?!

САРАЙДЫН БИР БӨЛМӨСҮНДӨ, САРЫ КЫЗЫҢ СЕНИ ЭСТЕП ЫЙЛАГАНЫН СЕЗЕТ БЕЛЕН ЧЫҢГЫЗЫМ?!


АСАБАНЫ ЖАМЫНА ЖЕРГЕ КЕТКЕН

БААТЫРЫМ! ӨКМӨТТҮН ШЫЛДЫҢ ӨҢДҮҮ БАТИРИН КӨРӨТ БЕЛЕҢ?, УШУЛ ҮЧҮН ӨЛӨТ БЕЛЕҢ?, УНУТУЛУП ЭРДИГИН ЖЕР АЛДЫНДА КАЛАТ БЕЛЕҢ ЧЫҢГЫЗЫМ?!


АЛТЫН ТАКТУУ, ЧОҢ КУРСАКТУУ ЧОҢДОРУБУЗ,

ОЛТУРСА БИР УШУЛ ӨҢДҮҮ АЧ-ТЕШИКЕ (АЖАТКАНА), КӨРӨТ ЭЛЕК ЖИИРКЕНГЕНИН, ТИЛДЕНГЕНИН, ОҢДОШ ҮЧҮН АКИМ МЕНЕН МЭРИНЕ ДАРОО БУЙРУК БЕРГЕНИН… АТКАРБАСА ЭГЕР МЭРИ-АКИМИ, ОШОЛ ЗАМАТ СӨГҮШ МЕНЕН ИШТЕРИНЕН КЕТКЕНИН!


КАНКОРДУН БИЙЛИГИНЕ КАРШЫ ТУРУП, КУРМАНДЫГЫҢ ОКТОН ТАПТЫҢ ЧЫҢГЫЗЫМ, ЖАНЫҢ БЕРИП ЭЛИҢ ҮЧҮН-ЖЕРИҢ ҮЧҮН, БАЛДАРЫҢДЫ ЖЕТИМ КЫЛДЫН ЧЫҢГЫЗЫМ. АКТАБАДЫ ӨЛҮМҮҢДҮ ӨКМӨТҮҢ, БААЛАБАДЫ БААТЫРЛЫГЫҢ ЛӨКТӨРҮҢ… АКЫРЫ ҮЙ-БҮЛӨҢДҮ КӨРГӨ ТАШТАП, ЭРДИГИҢДИ БАРКТАБАДЫ ӨКМӨТҮҢ!


Ак-үй менен көк-үйдүн эшиктери, ачылбады зар ыйлаган энеге

Байкуш эне, жолду карай карызданып, Барсамбы деп, АЖОГО АРЫЗДАНЫП, Катуу келип, борбордон мокой түштү. «Кайсы эшикти түртөм» деп намыстанып.


ЧЫҢГЫЗЫМДЫН ЭЛЕСИ, ЭЖЕСИНИН СЫЗДАГАН ЖҮРӨГҮНДӨ! БОЛОЧОКТУУ ӨЛКӨГӨ ТЕҢДИК КЕРЕК, БООРУКЕРЛИК КЫЛГАНГА КЕҢДИК КЕРЕК. ЧЫРДАН КОРКПОЙ ЖАЛГАНДЫ ЧЕТКЕ КАГЫП, ЧЫНДЫК СӨЗДҮ АЙТУУГА ЭРДИК КЕРЕК.


Баатыр жүрөк жөн турбай, чыгып каршы канкорго, жанын кыйды! Эл турмушун ойлобой, оз турмушун ойлосо, уйдо калып ал күнү калмак тирүү! Достору менен күлүшүп,жүрмөк тирүү!


Из калдыбы, соз калдыбы билбеймин, Ийриси көп, сыйдасы аз өмүрдөн.

Чын эле баскан жолдун түзү жоктой, Түз басып, шыр бараткан киши жоктой.

Эскирген кийим сындуу, баркым түшүп,

Эч кимдин мени менен иши жоктой


Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Кыргыз элинин жыргалчылык жашоосу үчүн канкор Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине каршы чыккан, акыры төшүнө ок кадалып, жаш өмүрүн жаштай кырккан, Чынгызымдын кызына, карып калган, тың басалбай оруп калган апасына жардамыңызды берет деп тилек кылабыз, ишенебиз, үмүттөнөбүз! Маркум Чыңгыздын тарапташтары, колдоого өткөн жаш активистер!


Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Урматтуу Асылбек Шарипович!

Чынында баатырларды барктасаңар, Өкмөткө чеч деп бир сөз айталсанар. Баатыр деп кайрылалы биз Сиздерге, Чынында маселени чече алсаңар.


ЖЫЛКЫНЫН ЭТИН ЖЕП ЖҮРҮП, ЖЫЛМАЯ КЕТЭЭР СЕНСИҢБИ?! ЭЛ УБАЛЫН КӨРӨ АЛБАЙ, СОКУР-ДҮЛӨЙ ЭРСИНБИ?!

Жылкынын этин көргөндө, Жылбай калган бечелсин. Капчыгын тытып энеңдин, Карышкырдан бетээрсин. Баштын эмес жумурдун, Багына келген экенсиң. Бөксөдөн издеп жемиңди, Бөктөргө болуп өтөөрсүн.


БОЛБОЙЛУЧУ КАЙДЫГЕР БИРТУУГАНДАР! Кийим жыйдык кийбесек кирип кетээр, Азык жыйдык жебесек чирип кетээр. Акыбалга жетсек го атаганат, Арман кылбай өлөөрдө күлүп кетээр.


Коюлган талап: Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 20.04.10 №10 «Бир эле жолу материалдык жардам көрсөтүү» жөнүндө токтомуна ылайык Ч.Султановдун үй-бүлөсүнө өкмөт тарабынан тийиштүү жардам көрсөтүлсүн. 1.

Токтомго ылайык 1 млн. сом Ч.Султановдун апасы Тамара Артыкбаевага берилсин;


Жениш Молдокматовдун ачкачылык жарыялоосунун негизги талаптары (фото материал)  
Read more
Read more
Similar to
Popular now
Just for you